Тони Энтонӣ Анжела Литтлдин катышуусунда ЖОЛБОРСТУ ЖООШУТУУ Тозоктун түпкүрүнөн даңктын туу чокусуна Дүйнөлүк класстагы кун-фу чеберинин жогорку деңгээлдеги чындык окуясы Бул китепти мени чөлдө чакырган жана азыр да башкаларды чакыруусун улантып жаткан Майкл Райтка арнаймын. Жолборсту жоошутсаң — ажыдаарды өлтүрөсүң. (Кытай макалы) Анан мен асмандан түшүп келе жаткан периштени көрдүм. Анын колунда түпсүз туңгуюктун ачкычы жана чоң чынжыр бар эле. Ал шайтан жана ибилис болуп эсептелген байыркы жыланды — ажыдаарды кармап алып, миң жылга чынжырлап койду. Миң жыл өткөнгө чейин элдерди азгырбасын деп, ал аны түпсүз туңгуюкка кулатып түшүрүп, камап салды, анан үстүнөн мөөр басып койду. Ал ошондон кийин гана бир аз убакытка бошотулууга тийиш эле. (Аян 20:1–3) 1-бөлүм Азыр Шейн Д’Соузду өз энеси да тааный албай калат болчу. Түрмөдөгүлөр түрү бузулган анын денесин камеранын полунан эптеп чогултуп, кир замбилге ыргытып ташташты. Ал тепкиленип, кескиленип, зордукталып жана майып болгон эле. Чөөт болгон каны муздак таш полдун бетине кыпкызыл темгил болуп туш-тушка агып жатты. Аны түрмөнүн госпиталынын блогуна алып бара жатканда түрмөнүн бардык коридорунда созулган кандуу из калып жатты. Түрмөдөгүлөр буттарын шарпылдатышып, өз ордуларына тарап кетишти. Шри-Ланканын жаш тургунуна ким зомбулук көрсөткөнүн биз баарыбыз көрүп турдук, бирок бирөөбүз да бир сөз айта албадык. Жетекчилерге деле баары бир эле. Б блогунда бир кылмышкерге, алар бизди атагандай, бир fylakismenosго болсо да кемийбиз, болгону ушул. Жакында анын ордун башка бирөө ээлейт. Эч кандай изилдөө болбойт, андыктан, эч ким да жоопко тартылбайт. Менин досума калыстыкты күтүүнүн кажети да жок. Никосиянын Борбордук түрмөсүндөгү бул кичинекей окуя көнүмүш нерсе эле. Биздин арабызда киши өлтүргөндөр, наша соодагерлери, контрабандачылар, каракчылар, жаш балдарды зордуктагандар, зордукчулар, террористтер, уурулар жана алдамчылар: адам кейпин жоготкон туздуулар чогулган; жалпысынан айтканда, ашынган шүмшүктөр жана аягына чейин жеткен жолу болбогондор, жараксыз эски нерсеге окшоп, Кипр түрмөсүнүн сасыган боткосуна ташталгандар эле. Түрмөдө көптөгөн эрежелерди сакташ керек болчу, мындай караганда бул жазылбаган эреже катары эсептелчү. Мында биздин ар кимибиз зомбулуктун уставында жашадык. Бул өтө катуу зарылчылык болчу. Аябагандай сактык керек эле. Ар кимибиз өз-өзүбүзчө болчубуз, анткени далай ирет кан жөн эле көңүл ачуу үчүн деле төгүлө берчү. Ошондой болсо да, Кудайга белгилүү, Шейн менен менин ортомдо биз биримдик түзүп алгандай кандайдыр-бир байланыш пайда болду. Көз алдында болуп жаткан окуяларды карап, мен өзүмдөн эптеп араң зорго токтоткон ачууну сезип жаттым. Аль Капоне — же гректер атагандай «Алькапони» — өтө жагымсыз кишини жийиркенте турган адам эле. Анын чыныгы аты-жөнүн эч ким билбейт экен. Ал болгон эсинен тайган жин оорулуу кылмышкер эле. Атайын жан дүйнөсү ооруган жайга жиберүүнү сот органдары жөндөн-жөн эле «унутуп коюшчу», андыктан эсинен ажыраган кылмышкерлер өз мөөнөтүн башкалар менен бирге эле өтөшчү. Эч кандай мыйзам алар үчүн таралчу эмес. Алькапони алардын эң бир начар, сөзгө алгыс сүрөтүн элестетээр эле. Жапайы киприот жалгыз, эч ким менен жакындашпаган жана жалаң эле өз эне тилинде сүйлөгөн киши болчу. Ал өз мөөнөтүн киши өлтүргөндүгү жана топ менен зордукташкандыгы үчүн өтөп жаткан — ашынган жан дүйнөсү өтө пас ооруган адам эле. Эгер башкалар ар кандай баңги заттар жана баңги затты ийне саюу жолу боюнча тентектик жасашса, майда уурулук кылышса (баарынан мурда бири-биринен тамеки, шоколад уурдоо — түрмөдө негизги валюта болуп эсептелчү) жана мезгил-мезгили менен ар кандай жасалма нерселер менен алагды болушса, Алькапони өз убактысын башка күнөөкөрлөрдү майып кылуу жана зомбулук менен өткөрөөр эле. Өзү болсо өмүрү өткөнчө жазага тартылып, мөөнөтүн өтөп жатып, кандайдыр-бир бирөөнүн осуятын аткарып жаткансып, таң калаарлык тырышчаактык менен түрмөдөгү биздин жашообузду анык тозокко айлантчу. Алькапони Шейнди ырайымсыз жазалаган күнү, мен досум үчүн өч алам деп чечтим. Алькапони мындай карап көрсөң менден жарым метрче бийик эле. Ал булчуңдарын ушунчалык чыңагандыктан, колдору менин буттарымдан да жоон эле, бирок мен аны жеңээриме ишенгем. Мен аны жалаң колум менен жок кылаарымды, өлтүрөөрүмдү да эң сонун сезгем, бирок анын ар бир соккусу, ар бир митайым,жийиркеничтүү иштери үчүн, Шейндин ар бир тамчы каны үчүн аны эң биринчи азап чектирүүгө аргасыз кылууну чечтим. Акыркы күндөрү түрмөдө бук кылуучу, чыдай алгыс, белгисиз бир нерсени күткөндөй оор абал өкүм сүрдү. Менин Алькапониден өч алаарымды бардыгы түшүнүшкөн болчу. Мени азыр эч нерсе токтото албайт эле. Болгону мен ыңгайлуу учурду гана күтүп жаттым. Эки жумадай өттү, мен күн сайын кыжырдануу сезимимди аябай күчөтүп, кантип бул акылсызды бардык кылган нерселери үчүн азап чектирээримди ойлоп, кыялданып жаттым. Мага аны өлтүрүш аздык болоор эле. Мен анын кор болуп, ырайым кылуумду сурашын зордоп аткартып, анан ата-бабаларына тозокко жиберүүнү кааладым. Мен кун-фу боюнча дүйнөлүк класстын чебери болчумун жана аны оңой эле бөлүк-бөлүккө тытып таштай алат болчумун. Бул мен үчүн кыйынчылыкка деле турбайт эле, мен аны жалаң колум менен эле сазайын берет болчумун. Ошол мезгилде, көпчүлүк камактагылар сыяктуу эле мен дагы өзүм менен миз алып жүрчүмүн. Бул мизди биз коопсуз устарадан жасап алып, аны тилибиздин астына же болбосо оңой менен таба албаган жерге катып коер элек. Бирок бул жагдай түрмөчүлөрдү анчалык деле тынчсыздандырчу эмес. Кээ бирөөлөрү мындан садисттик ырахатка батышчу. Башкалар буга көздөрүн жумуп коюшчу. Зэктер бири-биринин колкосун мууздап салышса да, алардын муну менен иши канча? «Gammodi bastardos!» Күтүүсүздөн караңгы ээн коридордон Алькапонинин киркиреген өкүрүгү угулуп, бар болгон күчү менен мени дубалга жабыштыра урду. Мен капысынан кармалганыма өзүмө ачуум келди, бирок каным кызый баштады. Мынакей бул каргыш тийгир менен салгылашуучу саат да келип жетти! Бул шүмшүк мурдун бетиме тыгып, зор денесинин бүт салмагы менен мени басканда, анын сасыган деминен менин жүрөгүм айланып кетти. Устаранын мизи менин мойнума такалды — азыр каалаган учурунда ал менин баштан, беттен тараган көк кан тамырларымды кесип сала алат эле. Ошол замат, көз ачып жумганча мен анын майланышкан бетине бош сол колумду батырып жибердим, ошол эле учурда менин баш бармагым Алькапонинин көзүн тиреп турду: мен анын көзүн чукуп таштагым келип турду. Биз бири-бирибиз менен кармашып жаттык, мен тез жана так акылым иштеп, бирок ошол эле мезгилде бир дагы ашык кыймыл-аракет жасаганым жок. Алькапони менин кекиртегимди каалаган учурунда кесип салаарын сезип, өзүмө-өзүм эсеп берип жаттым. Бирок мен үчүн мунун азыр эч кандай мааниси болбой калган. Ооба, мен өлөт болчумун, бирок адегенде ал өлүш керек. Мен Алькапонинин канын самап жаттым. Анын көзүн чукуп салуу мен үчүн эч нерсеге деле турбайт эле, андан кийин кулагын тиштеп үзүп салса деле болот болчу. Менин кыжырым кайнап жатты, бирок күтпөгөн жерден мен башка бир нерсени сездим. Бир секунддун ичинде мени таң калтыраарлык сезим сайып өттү — менин жүрөгүмдө күрөш жүрүп жатты. Алькапониге ал эч бир тиешеси жок эле. Бул салгылашуу менин өзүмдө жүрүп жатты. Кандайдыр-бир мен башка жаңы өлчөмдө калгандай болуп, мени ырайымсыз киши өлтүргүч кылган, тубаса бекем өнөкөткө айланган табигый сезимдин аракет кылуусу мага токтоп калгандай сезилди. Мен Алькапонинин кулагына дитимди коюуга аракет жасаганда гана, капысынан менин башымда эртең менен окуган сүрөт пайда болду. Бир адамды адилетсиз күнөөлөп жана камап ташташты, анын досу болсо, аны коргойм деп, күнөөлөгөн адамдын малайынын кулагын кесип таштады. Алькапонинин кулагы менин тиштеримден беш гана сантиметр аралыкта турган эле. «Кана, Тони, бол эми, тиштеп сал. Бул сага эч нерсеге деле турбайт», — деп ички табигий сезимим шыбырап жатты. «Жок, туруп тур… колуна кылыч алгандын бардыгы, кылычтан өлүшөт…» Бул капысынан кайдан пайда болду? «Бол эми, тиштеп сал кулагын! Эмнени күтүп жатасың?» Менин жан дүйнөмдө дагы эле коркунуч менен өч алуу сезими күрөшүп жатканда, Алькапони бош колу менен жука чурайыма берип калды. Ал өзүнүн кара сынган тиштерин көрсөтүп ачуулуу жылмайганда, ошол арада менин колдорум анын бетине батырылып, одурайган терисин айрып жана чоюп жатты. Мен чыккан үндү дагы уктум. «Болбойсуңбу, эмнени күтүп жатасың? Сени Шейндей кылып зордуктап, анан кесип таштаганын каалап жатасыңбы?». Мени канткенде да бир нерсе кармап жатты. Бул эмне экенин — мен түшүнө албадым. Өзүм дубалга жапшырылып турсам дагы, мен бул шүмшүктү бекем кармап турдум, бирок мага кийинки кадамды жасашка бир нерсе жолтоо болуп жатты. Менде эки үн күрөшүп жатты. Мүнөттөр өтүп, Алькапонинин бетинен тер тамчылап жатты, бирок ошол мезгилде мага убакыт токтоп калгандай сезилди. Үндөрдүн талашы мени тулку боюма тиешелүү болуп, тактап айтканда, өзүм каалабай туруп, менин ким болуп калганым, мына ошол, жашоомдун маанисине чакыруу жасап жатты. Мен кайсы үн жеңээрин түшүнүп жаттым. Бирок андан ары эмне? Бул ара туулгандан бир аз чегинсемби, же досумдай болуп, майып болуп калыш керекпи? Же чындыгында эле бул жаңы сезимге, калтаарыбаган жаңы үнгө ишенишим керекпи? Күтүлбөгөн жерден менин оозумдан сөздөр куюлуп жатты. Бул токтоо, ачык, салмактуу сөздөр эле. Алькапони жалаң грекче эле түшүнчү, бирок бул сюрреалисттик учурда мен англисче сүйлөдүм. Бул сөздөрдү сүйлөп жатып, бир нерсени күтүп, аны кичине кое бердим. Алькапони ошол замат, өтө катуу электр тогунун разряды денесин сайып өткөндөй селт этип кетти. Терден былжыраган ал калтырай түшүп, териси каздыкындай боло калды. Анын үрөйү учкан кара көздөрү жарк эте түштү — мен салгылашууга даярдандым. Бирок күтүлбөгөн жерден Алькапони өзүнүн кысканын токтото койду, анан мен эркиндикте боло түштүм. Биз бири-бирибизди жеп жиберүүчүдөй көз караштарыбыз менен карап турдук, бизди бар болгону бир нече сантиметр аралык гана бөлүп турган. Күтүлбөгөн жерден көз ачып жумганча, Алькапони артын көздөй бурулуп чуркап жөнөдү. Ал шайтандын таасиринде калган сыяктуу, бүгүлүп, башын колу менен жаап, безген боюнча кетти. Алькапонинин келбети караңгылыкка кандайча сиңип бара жатканын карап туруп, мен анын жүрөктү шуу эттирген үнү кандайча бетон дубалынан көпкө дейре жаңырып турганын угуп турдум. Мойнумду кармалап, мен денеме жармашып калган Алькапонинин мизин алдым. Теримде миздин эч кандай изи калбаптыр. 2-бөлүм Бул бөлөк жердик адам биздин үйдө пайда болгон кезде, мен төрт жашта элем. Мен өзүмдү биле баштагандан тартып, биздин үйгө эч ким, эч качан келчү эместиги эсимде, андыктан эшиктин коңгуроосу шыңгыраганда, мен үстүңкү бөлмөдөн атып чыгып кызыгуу менен тепкичтин жанына токтодум. Атам бул адамды киргизип, мейманкананы көздөй чакырды. Бейтааныш адам менин апама окшоп, кытай экен. Мен тымызын ылдый түшүп, чала жабылган эшиктен карап турдум. Чоңдор акырын сүйлөшүп жаткандыктан, алардын эмне жөнүндө сүйлөшүп жатышканын айрып биле албадым. Анткен менен, өзүмдүн обочо жеримден мен бөтөн адамдын жүзүн көрө алат болчумун. Анын жүзү душман сыяктуу жана жагымсыз эле. — Кир, Антонио, — менин байкоомду апамдын үнү бузуп кетти. Бөлөк жердик адамга карабаганга аракет кылып, анын жанынан жылт коюп, атамдын буттарынын артына жашынганга аракет жасадым. Бирок апам мени шыр эле өзүнө тартып алды. Мен эмнe кылаарымды билбей калдым. Мен атам тарапты карадым, ал болсо эмнегедир каминди тигиле тиктеп турган болчу. Ушул эле учурда ал токтолбой көзүн тез-тез ирмегилеп, кандайдыр-бир кыпын түшүп кеткенсип жатты. Күтүлбөгөн жерден бөлөк жердик адам мени колумдан шап кармады. Мындайды күтпөгөндүктөн, чоочуп кетип бошонгонго аракет жасадым, бирок ал мени бекем кармап турду. Апам мени: «Тынчтан» — деп айткысы келгендей, айыптоо көз карашы менен бир карады. Качан мен шоктонгондо, ал мени такай ушундай көз караш менен карачу. Мындан кийин ал бөлөк жердик адамга чакан баштыкты карматып, мен бир нерсеге түшүнгөнчө, биз эшиктин сыртында болуп калдык. Качан биз бактын ичке жолу менен узап баратканда, ата-энем мени узатканы чыгып да коюшкан жок. Андан наркы саякатыбыз жөнүндө эсимде анча деле эч нерсе калбаптыр. Бөлөк жердик адам эч бир сөз чыгарбады. Ошондуктан мени кайда алып бара жатканын биле албадым. Аэропортко келген чакта мен толкундангандан жана корккондуктан калтырай баштадым. Балким мени укмуштуудай окуялар күтүп тургандыр, бирок бул жерде чындыгында башкача эле, ошол себептен мага коркунучтуу болуп жатты. Биз унчукпастан учакка отурдук. Убакыт өткөн сайын, коркунуч сезими менде көбөйө берди. Учуу ушунчалык көпкө созулгандыктан, ал таптакыр бүтпөй тургандай сезилди. Атам менен апам, албетте, тез арада менин аркамдан келишет. Биз үйгө кайтып келебиз, анан бардыгы мурдагыдай болот. Бул учактын, мени Кытайга жеткирээрин билдим беле! Өзүмдүн төрт жаш курагымда, ата-энемдин турмушундагы кыйынчылык туудурган өзгөрүштөрүн ажыратып деле биле албасам керек. Бирок мен, бир гана апамдын мени жек көрөөрүнө эч кандай шек санабадым. Бул жөнүндө өзү мага айткан. Ошол себептен, ал дайыма мага ачуусу келсе керек. Бөлөк жердик адамдын биздин үйгө келгенге чейинки мезгилде, мен эч качан унута албай турган окуя болуп өттү. Биз жакынды эле Уэст-Энддеги кичинекей тар квартирадан Лондондун түндүк-батышындагы шаар четинде жайгашкан Эдверддеги чоң үйгө көчүп келгенбиз. Бул үй мен үчүн аябагандай зор эле, бир бөлмөдөн бир бөлмөгө кубанычтуу кыйкырык менен чуркап жүргөн кезим ушул кезге чейин эсимде. Апам менен атам өздөрүнө чоң уктоочу керебет сатып алышты, андыктан мен анда ойноону чечтим: секирип, анан бетим менен жаңы мамык жуурканга кирип кетип жаттым. Күтүлбөгөн жерден уктоочу бөлмөгө чымын-куюн болуп апам кирип келди. — Тезирээк токтот, акылсыз бала! — деп бутума катуу чаап, кыйкырып жиберди. Андан кийин жасануучу үстөлгө барып, чоң кол күзгүнү алып жасана баштады. Ал, адаттагыдай эле, өзүн узакка тиктеп, андан кийин, ээгин көтөрүп, шашпай эринин бойоп баштады, акырында жасалма кирпик коюу менен аяктады. Мунун ортосунда мен полго түшүүнү чечтим, бирок жуурканга чалынып калып, кайрадан керебетке күрс этип жыгылдым. Бул менин көңүлүмдү көтөргөндүктөн, мен каткырып жибердим. Мен антип-минтип эсиме келгенче, апам менин үстүмдө салаңдап туруп калды. Андан соң башыма катуу сокку тийип, сынган айнектин шаңгыраганы жана апамдын чаңырган үнү, каргаган сөздөрү, ошондой эле энелерге ылайык келбеген, колдонууга болбогон сөздөрү угулду. Чыдай алгыс оорудан менин көз алдымда нерселер чайпалып кетти. — Бул эмне деген акмак? — деп алаңгазарлык менен апам кыйкырып жатты. — Эми өзүңдү кара! Эшикти шарт жаап, ал бөлмөдөн чыгып кетти. Менин кыймылдаганга да шайым жок эле. Ийнимде чоң кол күзгүнүн рамасы жатыптыр, көп чоң жана майда күзгүнүн сынгандары бетиме жана мойнума сайылган экен. Мени кан каптап жатты, качан гана оорудан бырышып, жаагымдан күзгүнүн чоң сыныгын алып чыгайын дегенде, кан андан бетер катуу жайыла берди. Учак жерге конгондо мен ойгонуп кеттим, качан бөлөк жердик адам менен трап боюнча ылдый түшө баштаганда гана мен өзүмө анык келдим. Биз каердебиз? Мен көзүмдү сүрткүм келди, бирок бөлөк жердик адам мени колумдан бекем кармап алган эле. Ыйлагым келди. Айланадагылардын бардыгы бир нерселер жөнүндө сүйлөшүп жатышты, бирок мен бир да сөздү түшөнө алган жокмун. Бул адамдардын үндөрү чаңылдаган жана таңкаларлык эле. Мени тынсыздануу жана коркунуч курчап алды. Бул адам ким? Мени каякка алып келди? Бизди баштык, кол араба, пакет көтөргөн адамдар курчады, бирок бул жер, биз саякатыбызды баштаган аэропортту элестеткен жок. Чегилген чылымдын түтүнүнүн жана көнбөгөн жыттын айынан бул жердин абасы өтө оор эле. Аягына чейин ойгоно электе таң калгандыктан жана корккондуктан мен буулугуп ыйлай баштадым. — Ш-ш-ш! — бөлөк жердик адам ачууланып, ызырына колумду ушунчалык катуу кыскандыктан, анын тырмактары териме батып кетти. Бөлөк жердик адам мени дагы бир аз сүйрөп барып, андан кийин биз таза абага чыктык. Эми гана мен үйдөн алыс, канчалык алыс кеткенимди билдим. Корккон коен сымал мен туш-тушумду апамды же атамды көрөмбү деген үмүттө карап жаттым. Баары бөлөк эле. Бул жердин эли таң калтыраарлык кийим кийишет экен. Айланада ызы-чуу, иттердин үргөнү угулуп турду. Күтүлбөгөн жерден колунда чымчыктын капасы бар бир адам пайда болду. Биз токтоп калдык. Биздин алдыбызда кенен, бош жеңдүү жана бийик кара жибек жакалуу бешмантчан узун арык киши турду. Бул адам — менин таятам экенин кийин билдим. Бирок ошол учурда бизди бири-бирибиз менен эч ким тааныштырган жок. Эч кандай жылмаюу, учурашуу,жакшы каалоолор болгон жок. Мени жөн эле көтөрүп туруп, таятамдын арабасына ыргытып салганда, тигил тилин шакылдатты, ошентип караңгы түндүн койнунда биз жөнөп кеттик. Аэропорттон жөнөп жатканда мен дарактардын ойку-кайкы формасынын көлөкөсүнө жана биздин айланабызда күүгүм талаш нары-бери жүргөн жаныбарларга көңүлүмдү бургам. Мага коркунучтуу болуп жана кандайдыр-бир жүрөк айнытуучу жыттан кускум келип жатты. (Мен кийин билдим, бул таятам колдонгон лилей самынынын жыты экенин. Кытайлар бул самынды жугушсуз кылуучу өзгөчөлүгү үчүн жакшы көрүшөт, мен ушул мезгилге чейин анын кара ниет, жийиркенерлик жытын эстесем кускум келет). Ал кезде ошол жыттан араң эле жинди болбой калгам. Жол жүрүүбүз эч качан бүтпөчүдөй сезилди. Качан гана өз жайыбызга келген кезде, айланабызды көзгө сайса көрүнгүс караңгылык курчап турган эле. Мен айланамды ажырата албадым, бирок жакын келгенде дарбазанын жанында турган аялдардын тобун көрдүм. Мүмкүн, бизди күтүп жатышса керек. Мен бул аялдарга жаккан жокмун. Муну мен шыр эле сездим. Мен эмне жамандык кылдым? Эсиме апам түштү. Бат эле аялдардын баардыгы, бирөөсүнөн башкасы, жек көргөн көз караштары менен карап, сүйлөшкөнүн токтотушпай, тарап кетишти. Бул менин таенем — Жоумо эле. Үйдүн ичинен мен чыйрыга баштадым. Бирок буга эч ким көңүл бурган жок. Менин каякка келгеним жөнүндө сурагым келди, бирок мен кайраттанып сүйлөшөйүн десем, сөөмөйүн эринине такап, унчукпоомду буйрушту. Төрт жаштагы бала, мен өзүмдү өзгөчө бул душмандын коркунучтуу дүйнөсүндө таптакыр жалгыз экендигимди сездим. Таятамдын үйү мага бир түрдүү кызыктуудай сезилди. Капысынан менин алдымдагы дубал жылганда[1], мен өтө күчтүү таасирде калдым. Таенем бурчта турган керебетке мени жетелеп жакындатты, бул менин үйүмдө турган керебет менен эч кандай окшоштугу жок эле — жөн эле бамбуктан жасалган шалкылдаган каркаста жаткан таяк. Мен ага жаткандан кийин керебет кычырап, качан оодарылган мезгилде таяктар теримди кыпчып жатты. Жука муслин шейшеби араң менин денемди жапты, бирок мен акылдуулук менен анын четин ийинимдин астына кайрып кымчып, түйүнчөктөй оролуп жатып алып ыйлап жибердим. Уктап калганымча жатып алып акырын ыйлай бердим. Бир аз убакыт өткөн соң мен көз жашымды кармаганга үйрөндүм. Бул жердин элдери саат төрт-бештерде өтө эрте турушчу. Мени эрте өз убагында турганга үйрөтүш үчүн, Лоуси, башкача айтканда «мырза» же «окутуучу» (таятама ушундай кайрылууну буйрушкан), менин бөлмөмө кирип келип, бамбук таягы менен башка чапчу. Тез арада мен анын кадамы угулганга чейин эле ойгончу болдум, бутума туруп аны менен саламдашканга даяр болуп калчумун. Бирок, ал мени урганга дайыма шылтоо тапчу. Лоуси мени жырткычтык менен сабачу. Бир ай чамасында мен бул уруп-согууга көнүп калдым, кантсе да аларды баштан өткөрүү дайыма кыйынчылыкка тураар эле. Лоуси далай ирет бамбуктун жаш чырпыгынан жасалган ичке таягы менен кулагымдан кан чыкканча сабаар эле. Ушул убакта, ал эч качан эмне себептен мени сабап жатканын түшүндүрүп айткан эмес. Ал мага Ло хань цзюйло, мындайча айтканда «Кичинекей бөлөк жердик азезил» деген ат коюп жана «тегерек көздүүлөрдүн жинин менден кууп чыгаруу»[2] өзүнүн ар намысынын жумушу деп эсептеген. Таенем менен таятама эркек жагынан жалгыз мурасчы катары мага таптакыр башкача кайрылышса деле болот болчу. Кытайда балдар үй-бүлөнүн уруусуна ийгиликти жана ар намысты алып келет деп эсептешип, далай ирет аларды «кичинекей император» деп аташат. Аларды ата-энелери гана эмес, чоң апа, чоң аталары көбүрөөк жакшы көрүп, эркелетишет. Мени ала турган болсок, бардык бактысыздыгым мындан башталат, менин апам бөлөк жердик адамга, Англияда төрөлүп чоңойгон италиялыкка турмушка чыгат. Ушуну менен менин апам бүт үй-бүлөсүнүн абийирин төгөт. Апамдын ылайыксыз жүрүш-турушу үчүн жазаны мен тартат окшойм. Күн сайын эрте менен мен Лоусинин артынан кыңк этпей, ал өзүнүн эртең мененки көнүгүсүн жасаган короого барчумун. Мени ал зордоп унчукпай турууга жана терең дем алууга: мурун менен дем алып, оозуң менен чыгарууга мажбурлачу. Бул өтө көңүлсүз жана жадатаарлык иш эле. Күндөн күн, жумадан жума өтүп, мен таятамдын сүйлөгөн сөздөрүн түшүнө баштадым. Ал мага түшүндүргөндөй, анын көнүгүүлөрү тай-чи системасына кирип — иш жүзүндө мунсуз кун-фунун чеберчилик күчүнө ээ болуу мүмкүн эмес экен. Тез эле мага, менин таятам байыркы күрөш чеберчилигинин Улуу Устаты болгону жетти. Кыштакта аны бардыгы сыйлачу. Ошол себептен биздин үй башкалардын арасынан аябай чоң болчу. Кээде ал мага тоодо турган анык ийбадатканадай көрүнчү. Биздин үй-бүлөлүк уруунун ата-теги толугу менен эсимде сакталып калбаптыр, бирок мен таятам түндүк Кытайдагы уруудан экенин жакшы билем. Өткөн жүз жылдыктын кыркынчы жылдары, япондук баскынчылардын карасанатайлык кылымышынан кийин,ал Кантонго[3] качып келген. Сунун үй-бүлөсүндө туулган ал 1768-жылы Маньчжурия династиясынын башкаруу мезгилинде Шаолинь ийбадатканасы талкалангандан кийин тирүү калган «Беш ардактуулар» деп аталгандарга кирген түздөн-түз Гун Сунун тукуму болгон. Саясий куугунтуктоодон жашынып, Гун Су кун-фун күрөш чеберчилигин иш жүзүндө уланта берген. Бул чеберчиликтин сыры укумдан-тукумга кылдаттык менен сакталып, менин таятам Чжен Лин Суга жеткен. Шаолинь монастырында монах болуп жүрүп, менин таятам анын беш кылымдык мурасы менен сыймыктанган. Монастырдагы көп жылдык үйрөтүүлөрдөн кийин ал өзүнүн стилин жана кун-фу күрөш чеберчилигинин методикалык берүүсүн өркүндөткөн. Тез эле ал кун-фунун өзгөчө кадырлуу Улуу устаты болуп калат. Бирок Чжен Лин Сунун баласы болгон эмес, бул деген Сунун тукуму үзүлүп калат дегенди билдирген. Ошол себептен мен күтүлбөгөн жана аз үмүттөндүргөн анын окуучусу болуп калдым. Балким ошол себептен мени үйрөткөндө өтө катуу ыкманы колдонсо керек. Мага, «тегерек көз» каны аралашканга турмушта өтө-өтө кыйын болоорун ал билсе керек. Жакын арадагы жылдарда Лоусиге байыркы чеберчиликтин көптөгөн сырын жана байлыгын мага ачып берүү милдети турган. Мага болсо анын тартиптүү окуучусу, чыныгы жолун жолдоочу, билимдүү жана жеңилбеген жоокер-салгылашуунун устаты болуу милдети турган. Күрөш чеберчилик мектебинин анык окуучусу болуу — демек батыш дүйнөсүндөгү бардык эң жакшы турмуштун үлгүсүн алуу эле. Мындай турмуштун үлгүсүнүн негизи болуп акыл ой тартиби жана даосизм[4] тажрыйбасы саналат. Байыркы уламыштардын күрөш чеберчиликтери жөнүндөгү айтуусуна караганда кун-фунун атасы индиялык буддизмди үгүттөөчү монах, Бодхидхарма болгон. Кытайдын жашоочуларына ал көбүнчө Дамо деген ат менен белгилүү болгон. Кээ бир уламыштарга карасак, Дамо алтынчы кылымдын башында Индиядагы монастырды таштап, Кытайга Будданын окутуусун таратканы жөнөгөн. Түндүк Кытайдын тоолорунда адашып жүрүп, ал Шаолиндин монастырынан жай тапкан. Шаолинь кытай тилинен которгондо «жаш жыгач»,өзүнүн ийилчээктиги аркасында эңкейип жана чайпалып, күчтүү шамалды жана катуу бороонду баштан өткөргөнгө жөндөмдүү дегенди билдирет. Дамонун талабы боюнча окуучуларга медитацияга[5], машыгууга такай чындыкты издегенге багыт беришкен, бирок монахтар медиативдик көнүгүүлөр убактысында жөн эле үргүлөп отурушкан. Дамо, бул алардын денесинин начардыгынан жана алсыздыгынан келип чыкканын түшүнгөн, ошондуктан бир катар көнүгүүлөрдү ойлоп чыгарган. Ушуга байланыштуу ал мындай деген: Будданын окутуусу жан үчүн багытталган, бирок жандын денеси бар — анын ажырагыс жандоочусу. Мен ошол себептен силерге ыкма сунуш кылып жатам, анын жардамы менен Буддага жакындаш үчүн, силер кубатыңарды жетишээрлик деңгээлде кармай аласыңар. Бул көнүгүүлөр медитация жүрүшүндө өзү менен ачык айкын ырааттуу кыймылды көрсөткөн. Мындан сырткары, бул кыймылдар монах-дербиштерге жана бир монастырдан экинчисине барып, жер кезип жүргөн монахтарга бандиттерден коргонуу үчүн жардам берген күрөш чеберчиликтеринин базистик элементтери болуп калган. Бирок ушул кезде да Дамо өз шакирттерин баарынан мурун денелик күчкө эмес, “ци” ички энергиясына көңүл топтоого чакырган. Бул сөздүн эң мыкты котормосу катары төмөнкү үчөөнү кабыл алууга болот: “дем”, “рух” жана “өмүр күчү”. Так ушул ци энергиясы медицина, философия тармагында да, күрөш чеберчилиги сферасында да даос чеберчилигинин негизи болуп саналат. Ошол байыркы убакта таятамдын короосунда сааттап дем алуу көнүгүүлөрү менен машыкканмын, бул келечекте менин рухумдун күчүнө таасир тийгизбей койгон жок. Бир күнү Лоуси мага кызыл сары кийимди кийгизип, жергилүүктүү шаолиндин храмына алып барды. Качан биз учу-кыйыры жок узун тепкич менен кирүүчү жерге көтөрүлгөндө, асман көгүлтүр болуп жаркырап, абада боло ажайып таттуу жыпар жыт айланып турду. — Ладан менен алчанын гүлүнүн жытын түтөтүү, — деди Лоуси. — Биз Буддага ушул заттарды түтөтүү аркылуу өзүбүздүн урматтообузду көрсөтөбүз. Таятам биздин атыбыздан биринин аркасынан бирин, ныкталган ладандын таякчасын күйгүзгөнчө, мен анын артынан момундук менен ээрчип жүрдүм. — Мунун дарылык жыпар жытынан сенин акыл маанайың өзгөрөт, сен оор басырыктуу болуп, тынчтанып каласың,— деп ал түшүндүрдү. — Акыл-эсиң ордуна келип, көңүлүң сергек болуунун жолуна түшкөндө, сен асманга көтөрүлгөн ладандын түтүнүнө окшош болуп каласың. Андан кийин менин мырзам мени медитация үчүн, обочо жерге алып барды, кетип бара жатканымда мен уурданып, машыгуу менен алакет болуп жаткан монахтарды карай бердим. — Алар таманын жана кызыл ашыгын ичке жип менен оороп алышат, — деп түшүндүрдү Лоуси, менин кызыгуумду байкап. — Бул бут менен согуп машыгуу убактысында муундарды коргоо жана чыңдоодо керек. Мен алардын согончогу менен кандай тездик жана күч менен сокку бергенин карап, көргөн көзүмө ишенбедим. — Илегилектин стили — бул байыркы Шаолиндик салгылашуунун негизги стилинин бири,— деп баштады Лоуси, мен болсо бир да сөзүн кое бербегенге аракет кылып, кулак түрүп тыңшап калдым. — Бир жолу монах маймыл менен илегилектин урушун көрүп калды. Маймыл илегилекти жөн эле экиге бөлүп сала турганга окшоп калды, бирок куш маймылга караганда айлакерирээк болуп чыкты. Канаттарын жайып, ал маймылга асыла баштады, тумшугу менен чокуп, андан кийин четке секирип качып жатты, бул окуя чоң жаныбарды өзүнөн кууп кетирмейинче улана берди. Көңүл буруп карачы, монахтардын кыймылы кандай көрктүү, — деп түшүндүрдү Лоуси, — бир буту менен кандай катуу жана алыс урушат жана кантип башка бутунда турушат. Карачы, алар колдору менен кандай аракет кылышат, тимеле илегилектин тумшугу шакылдагансыйт. Андан ары мен илегилектин гана стили эмес, көптөгөн башка кун-фунун традициялык стилдерине ээ болдум. Кытайдын күрөш чеберчилигинин стилдери бир жарым миңден ашык деп саналат. Жаныбарлардын адатын тууроо шаолиндик кун-фу чеберчилигинин классикалык байыркы көнүгүүсү болуп саналат. Адам айбандарга караганда алсызыраак, мени кожоюнум үйрөткөндөй, жашаш үчүн, ал өзүнүн эс-акылына таянышы керек. Тиги же башка жаныбардын адатын, кыймылын так тууроо үчүн адамга статикалык кыймылсыздыктын чеберчилигин толугу менен үйрөнүү жана динамикалык ылдамдыктагы бир калыптагы кыймылды ошондой эле көз ачып жумганча жасаган чабуулду, мындан башка дагы байкоо жана толук бирдей аракет жасоого үйрөнүш керек. — Эми бул жакка кара! Мен ошол замат машыгып жаткан монахтардан көңүлүмдү бурдум. — Мына бул жалынга көңүлүңдү топтоштургун. Менин көз карашымды Лоуси алдыма койгон, күйүп турган шам өзүнө тартты. — Жалындын тилине көңүлүңдү топто, андан башка бардыгын унут. Эми дем ала башта. Биз храмдын ичинде шамдын жалынына карап, көптөгөн сааттарды өткөрдүк. Менин кабагым коргошун куюп койгондой эле боло түштү, менин шамды карагым да келбей калды, бирок көзүмдү жумайын десем эле, бамбуктун ичке таягы менен бетке таяк жеп жаттым. Лоуси мени алаксып, дитимди бошотту деп өзүнчө ойлогон сайын уруп жатты. Бул көп сааттык жай баракат байкоонун максаты ци менен байланышка кирүү эле. Мага цини таанып билүү процессинде гармониялаштырууга мүмкүн болгон инь жана ян деген космостун терс жана оң күчтөрү бар, бул дүйнөдө баары ошолордон чыгат деп үйрөтүшкөн. Даонун окуучулары цини адамдын денесиндеги кубаттын аккан түрү катары элестетсе болот деп эсептешкен. Так эле адамдын организиминде ци булчуңдун ар бир кыймылын, дем алуусун башкарат, жүрөк-кан тамырынын жана борбордук нерв системасынын кызматын жөнгө салат. — Эгер сен циде денең жана жаның толугу менен теңдешсең, анда ички дүйнөңдүн тынчтыгына жана жарык болуусуна жетишесиң. Ошондо сенде табияттан тышкары турган күч ачылат, — деп Лоуси мени үйрөттү. Цини колдонуу кун-фу күрөш чеберчилигинде негиз катары эсептелет, — деп ал улантты. — Бул кубат үзгүлтүксүз кыймылда турат. Таятам колун суусу бар чакан идишке салды, андан кийин сууруп чыкты, ошондо анын сөөмөйүнүн учунда бир тамчы салаңдап турду. — Мына сага бир тамчы суу. Бир эле тамчы, зыянсыз, момун жана күчсүз. Сурай келсек жер бетинде цунамиге каршы келе турган кайсы күч бар? Цунаминин жаалданган толкуну өз жолунда бардыгын шыпырып, жер жүзүн өлтүргөнгө жарай алат. Балам, ци кубатын башкарганга үйрөн. Бул ааламдык кубаттын агымына кир, ошондо сенде физикалык шартыңдан да көп жолу ашкан күчтү табасың. Жылдар өткөн сайын Лоусинин ци кубатын башкаруу боюнча берген көрсөтмөсү мага улам барган сайын түшүнүктүү боло баштады. Мен цини «ички кудай» катары, менин күчүмдүн булагы деп кабыл алчумун. Денелик кубатты цинин жардамы менен башкарып, мен кышты жалаң колум менен сындырганга, ошондой эле мындан көп таң калтыраарлык нерселерди жасаганга үйрөндүм. Мен караңгылыкта каршы жагымдын кыймылын ажыратып билгенди жана жан кейиткен ооруну жеңип жана аны бүт денеме бөлүштүргөнгө жетиштим. Менин Кытайдагы бүт болгон турмушум кун-фу күрөш чеберчилигин өздөштүргөнгө арналды. Жаңы бала катары мени үйдө да, храмда дагы кара жана эң кыйын эсептелген жумушту аткарганга мажбурлашчу. Бардык ушул мезгилде Лоуси чыны менен эле менин денемди машыгууга даярдай баштады. Мага көрсөткөн эң биринчи көнүгүүлөрдүн бири куму бар чакага колду матыруу эле. Саат артынан саат бою таятамдын сак текшерүүсүнүн астында мен бул көнүгүүнү, колумда катуу канталаган сыйрыктар пайда болмоюнча аткара берчүмүн. Бир канча жумадан кийин менин терим ушунчалык дордойгондуктан, мен оорууну сезбей да калдым. Ошондо Лоуси кум салынган чакага кичинекей таштарды кошуп койгон соң, бардык иш тартиби жаңыдан башталды. Андан кийин чоңураак таштарды кошо баштады, анан андан чоңун, бул мен таштуу чакага тез колумду салып, ошол эле чакта кесинди да, сыйрык да албаганга үйрөнгөнгө чейин улана берди. Чарба жумушу боюнча болсо, мен малдарга жооп берчүмүн. Менин таятам жана таенем күрүч талаасынын кожоюну, мындан башка дагы, биз тоокторду, эчкилерди, уйларды, аттарды кармачубуз. Мен чарба боюнча иштеген убакытта гана мени жайыма коюшчу, ошондуктан Лоусинин ырайымсыз урганынан коркчу эмесмин. Малдардын арасында мен машыгууга байланыштуу таятамдын ырайымсыз текшерүүсүнөн келип чыккан азап чегүүмдү жана ага болгон жек көрүүмдү унутуп койчумун. Дагы бир башка мен үчүн жагымдуу нерсе, бул таенем менен базарга баруу эле. Албетте мага товар салынган оор себетти көтөргөнгө туура келер эле, бирок бул таятамдын аябаган таягына чыдагандан көрө жакшыраак болчу. Базар чуру-чуу жана жарык болчу. Адамдар соода кылышып жана ошол эле убакытта маджонг[6] оюну үчүн орнотулган көпчүлүк чатырдан чыккан такылдакты басыш үчүн кыйкырып сүйлөшчү. Бул жерде капастагы тирүү товарларды: иттерди, өрдөктөрдү, эчкилерди, коендорду, чымчыктарды, сойлоп жүрүүчү жаныбарларды жана чоң жыгач арабаларда балыктардын бардык түрлөрүн сатышып жана сатып алышчу. Мени «адам-сойлоп жүрүүчү» байкап калбаса экен деп, таенеме жакын басчумун. Бул карылыгы жеткен, бүкүрөйгөн, суюк ак сакалчан, сейрек мурутчан, кактап бышырылган алманы элестеткен бети бар чал эле. Анын катып калган колдорунда узун сары тырмактары бар болчу, сатып жаткан, желе турган суу ташбакасын тамагынан алып, бармагынын курч тырмагы менен союп салчу. Анын дүкөнүнөн курт-кумурскалардын жана жыландын каалаган түрүн: тирүү, өлүгүн, ичеги-карыны алынганын жана кургатылганын тапса болот болчу. Дагы бир мени өзүнө тарткан жер бул дарыкана дүкөнү эле. Ал менде өзгөчө кызыктырууну жаратчу. Полдо эң эле чоң кобралары бар килейген айнек контейнерлер, текчелерде болсо андан коркунучтуу — айбандардын денесинин бөлүктөрү, чаяндар, бардык формадагы жана көлөмдөгү коңуздар, аарылар жана жыландар менен кандайдыр-бир күчтүү жыттанган суюктукта спирттелген банкалардын катары турчу. Ушул азыр дагы эсимде, таенем чөптөрдү сатуучу менен такай кыжыңдашчу. Мен болсо өтө эле чоң калемпирдин өлчөмүнө, ар түрдүү ачык түстөгү боелгон порошокторго, женьшен менен имбир маңызын жасаш үчүн ал сатып алган адамга окшош тамырларга таң калчумун. Көчөлөрдө эң сонун жыт жыгып турчу — эл жол жээгинде отуруп, чоң «чөңкөлөргө» — түбү томпок казандарга тамак даярдашчу. ХХ кылымдын 70-жылдары Кантондун көпчүлүк бөлүгү курулуш менен аракеттенсе керек. Сандалчан, көбүн эсе жылаңаяк кытайлыктар бамбук токоюнда чарчабастан, салтка айланган алачыктардын катарына чындыгында батыш түрүндөгү ажайып кооз курулуштарды тургузуп жатышты. Жабышып жадаткан, жыттанган чыбыктуу бал ачкандардан качып, таенем экөөбүз базардын кырдалган шагыл жана тикенектүү ээн талаасына жол салчубуз. Менин көңүлүмдү түз эле көчөдө иштеген чебер-каллиграфтар, анан алардын кичинекей жыгачтын башына бекитилген бир топ кыл жана туш менен жазган тексттери дайыма өзүнө бурчу. — Жазган кишилер «Сюань-Чжи» жыгачтын кабагынан жана жумшак күрүчтүн саманынан атайын даярдалган кагаз менен иштешет, — деп түшүндүрдү Жоумо. — Эл катчыларга алар үчүн кат же болбосо кандайдыр-бир маанилүү кагазды жаздырыш үчүн кайрылат. Таенемдин мага карата жылуу сезими барбы, жокпу, аны ким билет, бирок ал ушунчалык зор кызыгуу менен биздин элдин тарыхы жана салты жөнүндө ыракаттануу менен мага айтып берчү. Кытайда өтө көп майрамдарды белгилешет, анын ичинен Жаңы жыл — өтө маанилүү. Кытайдын ай календары, Айдын Жер айланасы менен болгон кыймылы боюнча негизделип, жылына он эки айга бөлүнгөн, календарлык цикл ар бир он эки жылга бөлүнөт, анын ичинде ар бир жыл ар башка айбанаттардын аты менен аталат. — Байыркы Кытай уламышы боюнча, Будда бул жашоо менен коштошконго чейин, өзүнө бардык айбанаттарды чакырган — бирок коштошкону он экиси эле келген,— деп айтчу Жоумо. Келгендерди сыйлаш үчүн, Будда ал чакырганда алардын келген тартиби боюнча ар бир жылды алардын аты менен атаганга убада берген. Ким биринчи келгенин эстешип, айбанаттар талашып жатышты. Акыр аягында, биримдикке келиш үчүн милдеш уюштурууну чечишти: карама-каршы жээкке биринчи жеткен бактылуу айбандын аты жыл башы болуп, калгандары жээкке катары менен сүзүп келгени боюнча ар бир жыл атала бермекчи. Ошентип жээк боюнда тизилишип бардык он эки айбанат сууга секиришти, бирок келемиш буканын жонуна ыргып чыгып алды эле, ал эч нерсени сезген да жок. Качан бука бардыгынан биринчи келип, карама-каршы жээкке чыгайын дегенде, келемиш буканын жоонунан секирип түшүп, кандайдыр-бир секунддун ичинде биринчи болуп калды. Калгандары көрсөтүлөгөн тартип боюнча: жолборс, коен, ажыдаар, жылан, жылкы, кой, маймыл, короз жана ит сүзүп келишти. Доңуз аябай жай жана жалкоо болгондуктан эң акырында болуп калды. Бул уламышты Жоумо көп жолу айтып берген. Айтып бүтүп, ага ушунчалык байкуш жалкоо доңуз күлкүлүү жана кызыктуу болгондуктан, ал дайыма жыгылып калганча күлчү. — Бирок сен короз жылы туулгансың, — деп айтчы ал мага. — Бул жылы туулгандар дайыма жумушка кызыгышат. Алар бат чечим кабыл алышып жана өз ойлорун айткандан коркушпайт, бирок абайлагын, — деп таенем мага эскертчи, — короз мактанчаак жана өтө эле кекирейген неме болушу мүмкүн. — Анан ал мага кадала тиктеп: — Сен абдан кайраттуу жана эр жүрөк болосуң,— деп кошумчалачу. Жаңы жыл жакындаган сайын, аны бардыгы улам күчөгөн толкундануу менен күтүп жатышты. Ай календарынын он экисинин жыйырманчы күнү дайыма, жыл сайын үй жыйноого бөлүнчү. Менин таенем мындай жыйноону «негизине чейин шыпыруу» деп атачу. Бул күнү үйдүн бардык болгон булуң-бурчтарынан бери тазалаш керек эле. Мен таенеме кызыл кагаздан жасалган чоң ленталарды дубалдарга жана үйдүн эшиктерине илгенге жардам берчүмүн. Аларда кара туш менен эң сонун кол жазма менен чийилген иероглифтер — үй-бүлөгө куттуктоо жана жакшы каалоолор бар эле. Биз үйдү гүлдөр, мандариндер, апельсиндер жана чоң алмурут түрүндөгү грейпфруттар, аларды бул жерде «башына чүпүрөк байланган таяк шыпыргы» дешет экен, мына ушулар менен кооздочубуз. — Алар бизге бакыт жана байлык алып келишет,— деп аракеттенүү менен жемиштерди коюп жатып чоң апам кобурачу. (Чынына келгенде бул ишенгендик ар түрдүү сөздөрдүн дал келишиндеги үндөрдүн окшоштугунан келип чыгат: «мандарин» деген сөз кытайча «бакыт» деген сөз менен окшош тыбыш чыгат, бирок жазганда айырмаланат; ошондой эле «апельсин» менен «байлык» деген сөздөр да ушундай). — Мына үйдү иреттеп алып, майрамга даярданабыз жана Цзаованды — ашкана рухун узатабыз, — деп түшүндүрчү таенем. — Байыркы айтканы боюнча, Цзаован майрамдык көңүл ачуулардын бардыгы бүткөндө, жаңы жылдын биринчи күнү келет. Жалпысынан айтканда жумуш жетишээрлик эле. Бүт бардык тамак-аштарды Жаңы жылдын астында даярдап алыш керек болчу, себеп дегенде бардык курч, кесе турган буюмдарды, мындайча алганда бычак, кайчыларды алыс алып коюш керек эле, анткени жаңы жылдык (бакытка) зыян келтирбейли дешчү. Жаңы жылдын алдыңкы күнү биздин үйдө бардык үй-бүлө уруусунун мүчөлөрү чогулушту. Бул кишилер Кытайдын бардык булуң-бурчтарынан келишкен жана менин таенем конокторду сыйлап жатып, орду бош, келбей калган коноктор үчүн бөлүнгөн орундарга барышы кызыктай болуп көрүнчү. — Өздөрү жок болсо да, жандары биз менен болушууда, ошол үчүн ушундай кылып жатамын, — деп түшүндүрчү таенем. Менин, бул жерде менин апам үчүн орун барбы деп сурагым келчү, бирок антип сурай албадым. Көптөгөн коноктор мага таятама окшоп, жек көрүү менен мамиле кылышчу, бирок чоңдор менен бирге алардын балдары — менин эки ата өткөн эжелерим келишти, ошентип мага алар менен ойноо мүмкүнчүлүгү болду. Коноктордун арасында бир жайык жылмайган беттүү картаң айым бар эле, ал мага улам эле тентектик менен көз кызып жатты. Анын аты Ли Мэй, мындайча айтканда «Гүлдөгөн кара өрүк». Ал таятамдын эжеси экен. Башка эжеси, Ли Вэй — «Татынакай роза», өз атына эч бир татыктуу эмес эле. Менин көз карашым боюнча, ал өтө түрү суук болчу. Ал мени таятама окшоп, жырткычтыкындай болгон көз караш менен карап жатты. Түн ортосу болгон кезде, тойлоп бүткөндөн кийин, мени башка балдарга кошуп, сый көрсөтүү катары таенеме, таятама жана башка улууларга жүгүндүрүштү. Мен баш ийип, мага эмне айтышса бардыгын аткардым, бирок мурдагыдай эле аларды жек көрүп турдум. Жаңы жылдык майрамда бизге кызыл конверт «лай-сэ» белек кылып беришти. Анын ичинде бакыт каалоо менен бир аз акча бар болчу. Ар бирибиз жаңы көйнөкчөн элек. Таятам кооз кызыл түстөгү алтын жип менен тигилген, кишини кызыктыра турган ажыдаар сайылган, жибек костюмчан эле. Мен бат эле Кытайдагы жаңы жашоомо көнө түштүм, бирок бул элдер үчүн мен дайыма бөтөн боюнча калаарымды түшүндүм. Англияда менин апам менин чыгыштык сырткы түрүм менен сыймыктанчу, бирок кытайлар үчүн бардыгынан мурда «бөтөн жердик азезил» элем. Мен алты жашымда эле, ушул себептен айланадагылар, керек болсо балдар дагы мага боорукердик, түшүнгөндүк жана кайрымдуулук кылышчу эмес. Бир жолу, базардан үйгө келе жатып, таенем экөөбүз көлмөнүн жанына эс алып алайлы деп чечтик. Жоумо көлөкө жерге кыйшайды, мен болсо майда шагыл таштарды сууга ыргыта, көлмөнү айлана бастым. Күтүлбөгөн жерден менден улуу, тааныш эмес балдардын курчоосунда калдым. — Эй, тегерек көздүү, бул жерде эмне кылып жүрөсүң? — деп балдардын бирөөсү сурап, анан бетиме түкүрүп жиберди. Мен мындай күтүлбөгөндүктөн селт этип кеттим, булардын астында эмне күнөө кылганымды жана мага эмне деп айтыша турганын түшүнүүгө аракет кылып жаттым. — Бул деген биздин тилибизде сүйлөшкөндү да билбейт, — деп бир бала күлдү да, бардык күчү менен мени тишке согуп жиберди. — Бол, тегерек көздүү, бирдеке деп айткын, биз болсо угалы. Оозума келген кандын даамынан коркуп кетип бир нерсе деп сүйлөй баштадым, бирок дагы бир жолу бетиме сокку жедим. Бул жолку сокку ушунчалык күчтүү болгондуктан, мен тең салмагымды жоготуп жиберип, шалп этип баткакка жыгылып түштүм. Ушул эле замат балдардын бардык тобу менин үстүмдү баса жыгылышты. Алар менин чачымдан сүйрөшүп, колдору, буттары менен тепкилеп жатышты. Кичинекей, демим кысылган мен, таенемди жардамга чакырып жаттым, бирок ал жооп берген да жок. Балдар тепкилөөсүн улантып, ошону менен бирге мени кордогон сөздөрдү кыйкырып жатышты. Алардын ачуулуу үндөрү мен караңгы туңгуюкка түшүп, эч бир тепкини, кыйкырыкты сезбей калганча, бир нече убакка чейин башымда жаңырып турду. Терең жымжырттык түштү, эч кандай оору да сезилбейт. Болмуштун жоктугу менен кошо терең эрүү абалда болдум. Бир канча күндөн кийин мен ооруканадан өзүмө келдим. Эки колум жана бир бутум гипсте экен. Кыймылдайын десем эле, сыздаткан оору далымдан сезилди. Бир күнү түн ичинде, ооруканада жаткан кезимде, уйку-соонун ортосунда жатып керебетимдин жанынан Лоусини жана аны менен бирге бейтааныш кишини көрдүм. Алардын сүйлөшкөн сөздөрүнүн бардыгын мен уккан жокмун, бирок сүйлөшкөн сөздөрүнүн үзүндүсүнөн, алар мага кол салган кесептердин тобун билишкенин түшүндүм. — Ал балдар Шанхай «Триадасынан»[7] экен, — деди бейтааныш адам, — жергиликтүү бир үй-бүлөгө конокко келишиптир. — Алар кимди сабашканын билбесе керек, — деп капа болуу менен айтты Лоуси. — Туптуура. — Сенин сөзүңдөн кийин, аларды аларды эмгиче териштиришти деп мен жыйынтык чыгарсам болобу? — Ооба, бул үй-бүлөдө алар менен өтө катуу териштирүү болуп, алардын карыялары сенин ырайымдуулугуңду жана кечиримиңди сурашып, эртең сага келүүнү чечишти. Бул окуядан кийин шанхайлык балдар мүмкүнчүлүгү болушунча менин көзүмө көрүнбөөгө аракет кылышты. Алардын бардыгы «Триаданын» үй-бүлөсүнөн эле (өкүнөрлүк белгилүү кытай мафиясы), бардыгы кун-фу күрөш чеберчилигин билишчү, бирок эч качан менин даярданган деңгээлиме чыга алышпай турганын эң сонун түшүнүшчү. Эгерде ошол кезде алар мен бардыгы сыйлаган Чжен Лин Сунун окуучусу экенимди билишкен болсо, менин үй-бүлөмдү эч качан маскаралоого бара алышпайт эле, деги эле мага кадырлоо калтырагы менен жакындашат эле. Кытайлардын арасында мындай жаңжал эч качан унутулбайт. Көп жылдар өткөн соң бул окуядан кийин, мага кол салгандар, дагы эле бала чагындагы кетирген каталарын сезип, коркуп турушчу. Бир жолу, мен чоңойгон кезимде, узакка созулган жок болуумдан кийин, биздин кыштакка кайрылып келгенимде, мага кол салгандардын бири, мени өч алганы келди деп эсептегенин мага айтышты. Ал ушунчалык корккондуктан, бардык үй-бүлөсү менен башка алыс жерге көчүп кетүүгө даяр болгон. Мен ошол кезде ооруканада көп жума жаттым, бирок мен гипс таңуусунан бошоор замат, менин устатым өтө оор физикалык көнүгүүлөрдү улантышым үчүн, кайрадан мени короого чыгара баштады. Мында мен ушунчалык азапты тарта баштагандыктан, көзүмө өзүнөн-өзү эле жаш толчу. Буга менин устатым чыдабай турганын мен билчүмүн. Чын эле жаагыма биринчи көз жашым ага электе эле, бамбуктун ичке таягы менен кулакка сокку жечүмүн. Бул кишиге болгон жек көрүүм менде түздөн-түз кайнап жатты. Ал кезде мен болгону алты жашта элем, бирок аны мен бардык жан дилим менен денемдин ар бир клеткасы менен жек көрүп жаттым. Ал түнү мен муздак терден ойгонуп кеттим. Чымын-чиркейдин чыртылдаганы угулуп жатты. Мен жакында таң атаарын түшүндүм. Үйдө тынчтык жана жымжырттык өкүм сүрүүдө, бирок мендеги жек көрүү укмуштай жаман түштөрдү көргөндүн негизинде чегине жетти. Жаңы жаракаттардан мени безгек калтыратып жатты жана мен катуу дабыш менен төшөктө оонап, уктай албадым. Таятамдын колундагы бамбуктун ичке таякчасы менен катаал кебетеси менин элестетүүмдү беймаза кылды. Мага бул эч качан бүтпөй тургандай сезилди. Мен дагы бир күндү көтөрө аламбы? Эгер баары кайра кайталанса, мага бир эле нерсе калат. Качан мен бутумдун учу менен ашканага жол ачып жеткенде, мага жүрөгүмдүн соккону бүт үйдүн ичине угулуп жаткандай сезилди. Тиги жактагы чоң эшикте Лоуси кээ бир курал шаймандарын катып койчу. Биз анын куралдарын күнүгө тазалап жана жылмалап жалтыратчубуз, ошол себептен мен керектүүсүн сыйпалап эле таап алат болчумун. Миздүү курч балканын бирин тандап алып, мен аны сууруп чыгып кайрылганда, устарадай курч шынаа менин бетиме жарк этип жарык берди. Бамбуктан жасалган жапкычтардын арасынан баш баккан ай менин алдымдагы мейкиндикти жаркыратканда, мен уктап жаткан таятамдын сөлөкөтүн ажыратып алдым. Анча чоң эмес аралыкта туруп, мен аны ачуу жана жийиркенич менен карап жаттым. Бул сезимдер толкун катары мени чайпалтып жатты. Күтүлбөгөн жерден мен кандайча катуу жана оор дем алып жатканымды сезе түштүм. Эң кызыктуусу бул жерде мага анын үйрөткөндөрү жардам берди. Өлтүрө турган сокку бериш үчүн тынчтануу керек. «Көңүлүңдү циге топто, чогулт. Сенин акылың сенин денеңди башкарыш керек». Дем алуумду колго алып, мен жашырынып таятамдын керебетин көздөй багыт алдым. Тиги кыймылдаган жок. Мен анын көкүрөгүн көздөй миздүү курч балтаны көтөрдүм. 3-бөлүм «Асмандагы Атабыз! Сенин ысымың ыйык тутулсун…» — ушул сыйынууну атам мага кээде жатаарда окуп берчү. Ал өзүн мен католикмин, себеби итальяндыкмын, анан дагы Кудай католиктерди сүйөт,— деп айтчу. Эгер Кудай чындыгында эле бар болсо, Ал азыркы учурда мени унутуп койду. Мени курчаган таш боор дүйнөмдө Ал жок эле. Менин Англиядагы жашоом ушунчалык алыс, тумандуу болуп, андан эскерүүлөрдүн үзүндүлөрү эле калды. Мисалы, мен атамдын бетин эсиме да түшүрө алчу эмесмин. Конфуций: «мамлекеттин тынчтыгы үй-бүлөнүн тартибинен башталат… — Ата-энесин сүйүп жана урматтаганды үйрөнгөн адамдар, эч качан башка адамдарга жек көрүүнү, сыйлабастыкты, адепсиздикти көрсөтпөйт», — деп үйрөткөн. Конфуций андан башка да сүйүү, абийир жана кадыр-барк жөнүндө айтып, бул сапаттарды сыйлап, аларды коомдун эң бийик идеалы деп эсептеген. Абийир жана кадыр-барк жөнүндө мага көп нерселер белгилүү эле. Бул түшүнүктөр дегеле менин жаш денемдин ар бир клеткасына чейин мага кагып киргизгендей эле. Бирок сүйүү? Сүйүү деген эмне? Мен аны эч качан билген эмесмин. Мен көңүл каалабаган бала, «бөлөк жердик азезил» болгонмун жана мени сүйө турган кишиге уят жана бактысыздык гана алып келчүмүн. Мен, алты жашар бала, ушунчалык жек көрүүнү сезгениме, таң каларлык эч нерсе жок. Бул сезим оңой эле пайда болду. Миздүү курч балтанын сабынан бекем кармап, мен бардык күчүм менен керилип туруп чаап калайын дегенде… Ушул жерден кандайдыр бир торнадо сыяктуу катуу күч өтө тездик менен атылып чыкты. Көз ачып жумганча сол колу менен Лоуси мени миздүү курч балта кармаган колду кармай калып, колумду далыма кайрыды. Оң колум менен таятам мойнумду апчып, полду көздөй ныгырды. Кийин ушул ыкманы мен анын жетектөөсүндө иштеп чыгып, далай жолу иш жүзүндө колдонуп жүрдүм. «Дим-ло» техникасы чабуул жасаган кишини өтө тездик менен тосуу максатында иштелип чыккан. Бул ыкма техникасы боюнча окшош «дим-макты» эске түшүрөт. Эгер ошол кырдаалда таятам мага каршы «дим-макты» колдонсо, мен ошол замат эле аркы дүйнөдөгү ата-бабаларыма кошулуп калат болчумун. Лоусинин манжалары менин мойнумду мыжыга кармап, башымды полду көздөй кысып жатты. Мен аба жетпегендиктен оозумду ачып, дем алганга аракеттенип жаттым, өзүм болсо өлүмдүн тынчтыгын каалап турдум. Азыр мен артты караганда, Лоусинин муздак жылмайганы, бир эле убакытта анын өтмө катардан өткөн, туура теше тиктеген көз карашы эсиме түшөт. Мындайча караганда, ал так ушуну — тирүү күбөлүктүн өзү, таза эмес, бөлөк жердик канга карабастан, Шаолинь монастырынын аскерлеринин баасы жеткис мурасын ээлөөчү, жеткишерлик күчтүү Су үй-бүлөсүнүн руху менде ойгонгонун көрөм деп самаса керек. Ошондо мен таятамдын мага болгон бардык ачуусунун оордугун, анын жийиркенүүсүн жана жек көрүүсүн билдим. Таятам мени чачыман кармап алып, үйдөн сүйрө бара жатып, үстүмдөгү кийимдерди сыйрып, кимдир-бирөөгө эч нерсеге окшобогон сабак берерин айтып, кыйкырып жатты. Ошондой эле болуп чыкты, таятам мени жарым өлүк болгончо сабап, анан жылаңач болгон мени муздак тез, шар аккан сууга айдап киргизди. Муздак коркунучтуу кыштын күнү эле. Канча бир сааттан кийин чыдагыс оорудан мен эсимден тандым. Өтө күчтүү муздагандан, өлүмдүн босогосунда турган абал менен мен ооруканада эсиме келдим. Ошол жаңжалдан кийин менин жүрөгүм айыгышып, таш болуп калды. Лоусинин эркине толугу менен багынып, мен өз кожоюнуна баш ийген, жоошутулган жапайы мустангга окшоп калдым. Мен ага окшош боломун. Качан мен аны менен тең тайлаша уруша алганда, мен аны сыйына татыктуу болом. Мен күчтүү, максатты көздөгөн жана чечкиндүү адам болом. Сегиз жашка чыккан кезде, мен толук укуктуу окуучу болуп калдым. Жаңы бала катары мен системалык түрдөө катуу сыноодон өтчүмүн. Эми Лоуси, мен өзүмдү толугу менен кун-фу күрөш чеберчилигин үйрөнүүгө арнаганыма канааттанып калды. Мындан ары, ал мени менен өзүнүн чеберчилигинин сыры менен бөлүшө баштады, себеп дегенде мен бир эле мезгилде даосизмдин башталышын өздөштүрө баштадым жана даостун көңүлү сергектик жолуна түштүм. Менин окуум жана техникалык даярдануум ийгиликтүү түрдө алга жыла баштады. Окуучуларга жаңы техника менен машыгууга, физикалык күчтүү арбытып, ылдамдыкты жана чыдамкайлыкка жетишүү үчүн күнүгө сегиз сааттан кем эмес машыгуу керек эле. Күн тартибине ылайык убакыттын көпчүлүк бөлүгүн мен «мок чжун» менен («жыгач куурчагы» же «жыгач киши менен») машыгууга көңүл бурчумун, бул татаал конструкция өзү жыгач устунду ага бекитилген ар кандай жоондуктагы жана узундуктагы адамдын кол-аяктарына окшоштуруп жасаган, ар кандай бурчта, ар кандай деңгээлде сороюп чыгып турган кол казыкчаны элестетээр эле. «Мок чжун» дайыма атайын корпуска коюлчу же оор негизге бекитилген. Лоуси өзүнүн «мок чжунун» биздин короодо өскөн жыгачтан кесип жасаган. — «Мок чжундун» жардамы менен сен чабуулдун бурчун так жана соккунун алыстыгын шайкеш кылганга, эң жакшы багыт алганга үйрөнөсүң, — деп мага акыл-насыят айтчу Лоуси. — Эң эффективдүү ыкманы тандоого үйрөнгүн. — Ошондон баштап жакынкы урушту үйрөнүш үчүн, мени эч бир күнөөсү жок «мок чжунду» муштумдарым менен токмоктоп, буттарым менен тепкилеп, убактымды эч бир аяган жокмун. Лоуси кандайча өзүнүн колдору менен шаолинь монахтарынын традициялык куралын жасап жатканын сааттар бою байкоо мага кызыктуу болчу. Анын колунан бардык формадагы жана өлчөмдөгү миздер чыгып, сабактын планы боюнча мен аларды ташка курчутуп, май куюп турушум керек болчу. Улуу чебер болгондуктан, менин таятам такай чыгармачылык менен изденүүдө болуп, өзүнүн өздүк куралын ойлоп тапчу. Кун-фу күрөш чеберчилигин үйрөнүү менен бирге, мен анын окуучусу катары акырындап анын тажрыйбасын алып жана колумду машыктыра бердим. Ар дайым саякат учурунда биз таятам экөөбүз шыргайга, таякка жана найзага мыкты материал табыш үчүн керектүү дарактарды издеп тапчубуз. Биз Тибеттеги буддалык храмдарынын бирине тез-тез келип турчубуз. Храм кооз жерде, туш-туш өскөн талдын курчоосунда жайгашкан. Бул талдын бутактарынан түз шыргый жасаса болот болчу. Лоуси дайыма өзү менен бирге кичинекей балта алып жүрчү, анан биз бутактарды кыйып, аларды жылмакайлап тазалачубуз, шыргыйдын бир далай катуусу жана ошол эле убакта ийилчээктери керек болчу. Мага алардын бекемдигин текшерүүгө туура келчү. Ал үчүн мен колумдагы шыргый менен чуркап келип, анан жерден аны менен түртүлүп, абага көтөрүлүп, колдон келишинче алыс секиргенге аракет кылчумун. — Эми көңүл коюп карагын, — деп Лоуси мага буйруду, анан шыргыйлардын бирин алып, Шаолинь монахтарынын шамдагай ыкмаларын көрсөтүп баштады. Эбегейсиз тездик жана шамдагайлык менен ал коргонуунун негизги ыкмаларын демонстрациялады. — Эсиңе тут, жакшы аскер бардыгына мурда коргонууда топтолот. Сен дайыма каршылашыңдын кийинки жүрүшүн алдын ала көрүп турушуң керек. Биз Шаолиндин он сегиз классикалык куралынын түрү менен, анын ичинде чокмор, найза, кылыч, үчүлүк айры жана камчы менен машыкчубуз. Мен даярданган тай-чи системасы машыгууда ушул куралдардын бардыгын ичине камтычу. Көпчүлүк күжүрмөн чара күчтү арбытуу, ылдамдыкты өнүктүрүү жана шамдагайлык, аны менен бирге чыдамкайлыкты, кол күрөшүн чыңдоодо колдончу. Курал менен машыгуу өзүнчө чоң коркунучту жаратчу, андыктан мен бат-бат эле жараат алып турчумун. Бир жолу Лоуси мага боо менен улаштырылган эки кыска таякты белекке берди. — Жөпжөнөкөй нунчаку,— деп түшүндүрдү ал. Мен кызыгуу менен канчалык чеберчиликте нунчаку менен иштей билгенин, өзүнүн тегерегинде аны айлантып, абдан зор тездик жана мурдатан даярдалган бутага тактык менен ыргытканын байкачумун. — Душманыңа ыргыткан нунчаку өлтүрө турган коркунучтуу курал болушу мүмкүн,— деп эскертти ал. Мен нунчаку менен күнүгө башымдын жана тулкумдун тегерегинде көпөлөк стилинде айландырып колумду чыңаш үчүн машыга баштадым. Бул техниканын ток этер учуру, бул курал менен эң чоң ылдамдыктагы маневрда иштеш зарыл болуп, аны үстүнө өзүңдүн денеңе болушунча жакын алып келип, бирок ошол эле учурда өзүң үчүн зыян келтирбеш керек болчу. Нунчаку менен иштегенде, мындайча айтканда, анын баштын арткы жагына келген абалын так аткара албай бат-бат жаңылып турчумун. Лоуси жакында бул куралдын коркунучтуураак вариантын көрсөткөнгө тобокел кылды — өлтүрүүчү нунчаку: чынжыр менен улаштырылган металл таяктар экен. Мындан ары мен денелик күчтү жана сабы ыңгайлуу кыска чокмордун жардамы менен болгон шамдагайлыкты өрчүтө баштадым. Бул он кырдуу чокморлор мыкты металлдан жасалып жана салмагы бир топ эле болчу. Лоуси мени алар менен бир нече саат катар иштегенге мажбурлачу. Кээде ал мени тай-чи системасында тереңдикте машыгууну улантуу үчүн сууга алып келчү. — Сууда кургактыкта кыймылдагандай кыймылда,— деп мен суунун агымын жеңгенге аракет кылганда, жээкте кыйкырчу. — Ички кубатыңды топто, сенин айланаңдан суу жоголгондой болсун,— деп суунун шарын баса кыйкыра мага кайрылчу, мен болсо агынга каршылык көрсөтүп, өз денемди темпти түшүрбөгөнгө жана күчтү жоготпогонго аргасыз кылчумун. Мен Лоусинин буйруктарын эч качан жокко чыгарчу эмесмин, ал болсо такай мага чек ара кырдаалын коюп, менин күчүмдү жана чыдамкайлыгымды чекке жеткенче аракет кылганга мажбурлачу. Таятам машыгуу учурунда мени бат-бат жалгыз калтырып койчу, бирок ошондой эле темпте, ошондой эле күч менен, анын бар кезиндегидей эле көнүгүү уланта берчүмүн. Менин ачуу тажрыйбам мага аны менин тыштан, керек болсо менден көптөгөн аралыкта деле көзөмөлдөп турганын шыбырап айтып турчу. Бир жолу биз үйдүн жанындагы аянтчага чыктык. Асман ачык, көкмөк болуп, күн жаркырап тийип, эң сонун болгон жазгы күндүн бири эле. Ал мага чокморду берип, машыгууну баштай беришимди буйруду. Мен бүт денемдеги сыздоону сезгенге чейин ак ниеттик менен эмгектене бердим. — Уланта бер,— деп Лоуси буйрук берди да, кетип калды. Арадан көп убакыт өттү. Таятам көрүнгөн жок. Балким, бактардын артында жашынып турбасын? Жок, темпимди азайтууга болбойт. Мен саат артынан саат эмгектене бердим, өлгөндөй күчөнүүдөн бардык булчуңдарым чыдагыс болуп сыздап, көз жашым бетимден ылдый агып жатты. Лоуси күүгүм киргенде гана келди. — Эми дем алсаң болот, — деди ал. Таятам мени эч качан мактачу эмес жана колдоочу да эмес, бирок мен акырындап анын сыйына татыктуу болуп келе жатканымды жанымдын бардыгы менен сезчүмүн. Денелик даярдануу менин окуучулугумдун бир гана бөлүгү эле. Кун-фу күрөш чеберчилигин үйрөнүүнү каалаган адам кенен билимге ээ болуш керек. Мен каллиграфияны, чет тилдерди, кун-фунун тарыхын үйрөнүү менен бирге бала күнүмдөн тартып көп убактымды чымын-чиркейлердин, курт-кумурскалардын, канаттуулардын жана жаныбарлардын жүрүш-турушун байкоо менен өткөрдүм. Бир жолу Лоуси короого анча чоң эмес жыгач кутучаны алып чыкты. Ал аны таң калаарлык түрдө кармагандыктан, мен аны карап, кулак түрүп жана …корккондуктан селейип карап турдум. Таятам мени чакырып, качан мен анын жанына барганда, кутучадан кыпчуур менен … чаянды алып чыкты. — Карачы, чаяндын кандайча жылганын. Эч нерсени кое бербей көңүл коюп кара, — деп шыбырады Лоуси. — Ал ар дайым дапдаяр болуп турат, ар дайым урушка даяр. Ага тийгенде жана көнгөн чөйрөсүнөн сууруп чыкканда, ага жакпайт. Ал жөргөмүшкө окшогон жандын учтуу куш мурун ийнесинен өйдө көтөрдү. Чаян ачууланып, жыйрылып, тырыша түрүлө баштады. Таятам өтө аярдык менен аны ачык алаканына салды. — Азыр чаян тынчтанды, бирок карачы, ал баштагыдай эле дапдаяр болуп турат. Мен тубаса сезимдик коркуу менен чаяндын кылык-жоругуна көз салып турдум. — Мен мурдагыдай эле алаканымды түптүз кармап турушум керек. Бирок унутпа, — деп чарчабастан эскерте берди мени таятам, — колдун өзүнүн күчү бар. Чаян аны сезбеш керек. Бир ордумда кадалып, мен демимди ичиме алдым. — Азыр кичинекей жел болуп турат. Карагын, чаян сен тараптан эч кандай коркунучтуу сезбеш керек, сен шамалдын деми боюнча жылышың керек…— деп үйрөттү мени Лоуси. Таятам чаянды дагы бир нече секунд кармап турду да, анан жерге бир чертип таштады. Мен ушул жерден туура тарапка секирип кеттим, ошол эле замат бетиме кандын кандай тебе түшкөнү сездим. Таятам жөргөмүшкө окшогон жанды кыпчуур менен көтөрүп алып, кутучага катып койду. — Колуңду сунчу, — деп буйруду ал мага. Мен, ал буйругандай кылдым, бирок менин колумду майда калтырак басып турду. — Азыр дем алууда топтол, жүрөгүңдүн согушун жайлат, ошондо тердегениң токтолот. Чаян сенин колуңдагы тамырыңдын сокконун, нымды дагы сезбеши керек. Мен топтолуп демимди жайлаттым. Бул көнүгүү менин каныма жана денеме кирип, менин экинчи натурам болуп калды. Дем алуумду башкарууда, мен денемдин бардык функциясын башкарганга үйрөндүм, ошол себептен азыр мага ооруну алып таштап жана каалоом боюнча денемдин температурасын өзгөртө алганга жетиштим. Дем алуумду жайлатып, мен корккондуктан дүрбөлөң түшкөнүм жоголгонун сездим. Кутучаны ачып жатып, Лоуси мага насаат айтчу: — Чаян менен кошо эригин. Өзүңдүн «Мен» дегениңден кутул. Чаян болуп калгын. Ойлонгун, азыр ал мындан ары эмне чара көрөт? Ал эмнени көрүп жатат? Эмнени сезип жатат? Менин алаканыма денеси муунак-муунак болуп бөлүнгөн жанды аярлап жайгаштырып, таятам, мени ылайыктуу жайбаракат байкоо жүргүзүү абалыма келгенимче, менден көзүн алган эмес. Мен толук кыймылсыз абалда катып алдым, бирок короодо болуп жаткан нерселердин баарын байкап турдум. Кокусунан болгон шамалдын катуу кыймылы же күтүлбөгөн чуу чаяндын тынчын алат эле, бул мен үчүн арты кайырлуу болбойт болчу. Ох, ошондо менин мугалимим мени ушул сыноодон куткарса экен деп кандай гана кааладым эле. Ал качан гана керектүү буйрукту бергенде, мен жөргөмүшкө окшогон жандан чагылгандай тездик менен кутулдум. Таятам өзүнүн ойлоруна жылмайып койду. Эң башынан эле кун-фудагы жолумда тиги же бул жанда өзүмдүн «мен» деген эрүү чеберчилиги боюнча тажрыйба алдым. Бул техника жаныбарлардын аты менен аталып көпчүлүк шаолинь стильдерин үйрөнүүдө негиз болуп саналат. Биздин короодо жаачылар[8] жашачу, ошондуктан Лоуси мени үзгүлтүксүз, саат артынан саат бою алардын аракетин, алардын кыймылын туураганды үйрөнгөнгө чейин байкоо жүргүзүшүмө мажбурлачу. — Танлан-цюань (жаачынын стили) түндүк Кытайда Миндин династиясында иштелип чыккан, — деп Лоуси бир күнү биз чогуу ушул стилди үйрөнүп жатканда айтты. Кун-фу күрөш чеберчилигинин каалаган стилин берүүдө, таятам мага ал жөнүндө кандайдыр-бир кызыктуу тарыхты, жомокту же ылакапты айтып берер эле. — Жаачы стилинин негиздөөчүсү Ван Лан аттуу чебер жоокер болгон; ал Шаньдун провинциясында мындан төрт кылымдан ашык мурунку мезгилде жашаган, — деп улантты Лоуси. — Жомокто айтылгандай, өз туулган жеринен кун-фу күрөш чеберчилигине ээ болуш үчүн Хэнань храмына жөнөп кетет. Бирок бул храмдагы даярдоонун деңгээли анын көңүлүн калтырган. Бир күнү кокусунан ал жаачы менен цикаданын, жаачыга караганда көлөмү жана күчү бир кыйла артыкчылык кылган жандын, урушуна күбө болот. Качан гана урушта жаачы жеңгенде, Вань анын көрктүү кыймылын жана адатын жакшы изилдеш үчүн храмга алып барат. Ал өзүнүн жаңы изилдөөсүнүн жыйынтыгы менен билген билимин маймылдын бутунун иштөөсүндөгү алдоо имитациясын салыштырып, жыйынтыгында жаачынын түндүк стилинин негизин салган. Бул окуяны айтып берип, Лоуси мени танлан-цюань стилине үйрөтө баштады. — Жаачынын стилиндеги негизги шамдагай ыкма — бул кыска, каптал жактан кез согуу, — деп таятам мага колумдун манжаларын бул жырткыч чымын-чиркейдин тикенегиндей формасында бүгүп жатып айтты. — Бул ыкманы качан чабуул жасаганда, блокада уюштурганда же кайта сокку берген учурда керек болсо колдонгун. Андан кийин ал «мэйхуа кара өрүгүнүн муштуму» стилинин кээ бир кыймылын, жаачынын стилинин түрлөрүн ушунчалык тездик, ылдамдыкта көрсөткөндүктөн, анын муштумдары беш тепкичтүү стаккатону уруп жатканда, мага көзүмдү ирмеп гана турганга туура келди. — Эсиңе түйүп ал, жаачынын артыкчылыгы бул анын кебелбестигинде, чыдамкай жана чечкиндүүлүгүндө. Жаачынын кыймылы өтө этият жана эффективдүү. Жаачы акыр-аягында жеңиш үчүн, далай ирет артка чегинүү тактикалык ыкмасын колдонот, ошентип, чабуулга караганда жаачынын стилинде көңүл көбүрөөк коргонууга бөлүнөт, — деди Лоуси. — Танлан-цюань чыныгы урушууда мындайча колдонулат: каршылашыңдын беш манжасынан алып, анан өзүңө булкуп, андан кийин каптал жактан кирип жана бүгүлгөн колуңду анын чыканак муунунун астына тосо койосуң. Колду таяныч катары колдонуп, капталдан кыска сокку урабыз, минткенде каршылышымдын чыканагы сынат. Бул катуу ыкманы түшүндүрүп жатып, жаачынын тикенегиндей формасындагы бүгүлгөн колдору менен жанында турган бактын бутагын алып, кескин сокку менен аны сындырып экиге бөлүп таштады. Лоусинин кун-фу күрөш чеберчилигинде эң жакшы көргөн стилдеринин бири жыландын түштүк стили болчу. Бул стилге үйрөнүү көпчүлүк башкаларына караганда татаалыраак, мындайча айтканда, бул бирден-бир өлтүрүүчү техниканын бири. Оору точкаларына уруу — бетке, тамакка жана жыныс органдарына — манжалардын учу менен, чочуган кара жыландын, уулуу жыландын жана питондун чагылгандай секирүүсүн туурап согот. — Жылан кан чыкканча тиштеп, курмандыгына өлтүрө турган жаракат келтирет, — деди мага Лоуси. — Ал сага курч ийнесин батырып жиберет — бул анын негизги номуру. Лоуси менин сөөмөйүмдү жана ортонумду түздөп, манжаларымды муштумума кысты. — Сенин максатың — негизги көк кан тамыр жана артерия, — деди ал, менин мурдумдун алдында «кол-найза» техникасынын соккусун көрсөтүп жатып. Мындан кийин мени колумдан кармай калып, таятам баш бармагымды менин эле алаканыма кысты. — Бул позицияда таптакыр уулуу жыландыкындай динамикалык күчтөнүү сакталат, — деди ал. — Уулуу жылан бардыгынан мурда анык аярлуу чекиттерди көздөйт — негизгиси нервдер жана башкы артерия. Андан кийин Лоуси питон азыкты кантип кармай турганы жөнүндө айта баштады: тиши менен кармап жана бир эле убакытта өзүнүн денесинин шакектери менен кысат. — Тез кыймылынан башка питонду анын өжөрлүгү да мүнөздөйт, — деп эскертти мага таятам. — Эгер ал курмандыгына секирсе, ал аны эч качан кое бербейт. — Демек, ал «дим-мак» техникасы боюнча иштейби? —деп сурадым мен. — Туптуура. Жыландын стили үчүн башкысы — ци жашоо энергиясы топтолуусу,— деп улантты Лоуси. — Жыланды туураш үчүн анын өлтүрө турган, оролгон кармашында, сенин денең болоттой оролгон пружинага окшош болушу керек, сен көз ачып жумганча цини денеңдин бир бөлүгүнөн башка бөлүгүнө өткөрүп жибергенди үйрөнүшүң керек. Бир гана ци агымын өз денеңде башкарсаң, сен чындыгында жыландын стилине ээ боло аласың. Бир жолу таятам экөөбүз биздин үйдүн артында жайгашкан токойго бара жатканда, мага бадалдардын арасынан кандайдыр-бир макулук жылт койгондой көрүндү. Машыгуунун жүрүшүндө мен ар дайым сак болгонго үйрөнгөм, мына ушул жерден автоматтык түрдө менин экстрасенсордук кабыл алуум иштей баштады. — Бул ак жолборс, — деди менин кожоюнум, менин оюмду окугандай. Өзүн-өзү толук токтотууну сактап, ал басышын уланта берди. — Ал тоодо жашайт. Акыркы бир жарым километрде ал биздин артыбыздан калбай келе жатты. Сен аны азыр эле байкадыңбы? Биз андан ары кетип бара жатканда, Лоуси мени менен ак жолборс жөнүндө: анын кандайча жашаганын, жылып басканын, кантип өзүнүн азыгынынын артынан түшкөнүн сүйлөп бере баштады. Биз дагы бир аз баскандан кийин, бакка чыгып алдык. — Эми көңүл коюп байкагын. Акыр аягы ал биздин алдыбыздан көрүнөт. Ак жолборс аябай кулак түрөт эмеспи, — деди Лоуси. Аянтчада көркөмдүү, сейрек кездешүүчү, сулуу жана келбети келишкен айбан көрүнгөнгө чейин биз бакта бир кылым отургандай эле болуп сезилди. — Биздин бул жерде экенибизди ал билеби? — деп сурадым мен. — Албетте. Суроо башкада — ал кандай мамиле кылат? Анын кандай жылганын байкагын. Анын жегиси келип жатабы? Же ал жөн эле көңүл ачкысы келип жатабы? Мен жолборс бактардын арасы менен уурданып өткүчө, аны теше тиктеп жаттым. — Анын ачуусу келген деле жок окшойт, — дедим мен. Менин шыбырымды укканда, оозун аңырайтып эстеп, анан папоротниктердин арасына жерге сулап жатып калды. — Ачка деле эмес экен… — дедим мен жеңилденүү менен. — Сен туура айттың, бирок карачы — ал бардык убакта даяр турат. Ал жел аны көздөй соккондо, биздин шыбырашканыбызды угуп, биздин жытыбызды сезип жатат. Бирок биз тараптан ал эч кандай коркунучту сезген жок, ошол себептен ал тынч. Мен бул айбандан көзүмдү ала албай жана демимди чыгарбай, анын эң сонун жүнүнө, кайталанбаган тилкелерине жана үргүлөгөн бекем күчүнө, керек болгон учурда сыртка атып чыгып, долуланып алмашкан соккусуна жана секиргендерине таң калып жаттым. Кийинки жумаларда биз такай бул ак жолборстун изин таап жаттык. Ал эч качан адамдардын үйлөрүнө жакындачу эмес, бирок тез-тез тоонун этегиндеги токойго түшүп турчу. Кээде анын көңүлүн буруш үчүн таятам мага жаңы эт алып келчү. Ал кезде мен жолборстун кыймылын туурай баштагам. — Анын кандай жылганын эле билбестен, — дечү Лоуси — анын кандай ойлогонун, дем алганын дагы бил. Сен ал ойлогондой, таптакыр ага окшоп аракет жасаганды үйрөнүшүң керек. Ошондо гана сен жолборстун стилине ээ боло аласың. Бир жолу биз ал дайыма ойноо менен жана эс алганы келген аянтчадан ак жолборсту көрүп калдык. Биз атайын эле шамалдын тийбеген ыктоо жагынан, бизди күн мурунтан сезбегендей жана жакыныраак жеткендей кылып, билинбей уурданып бардык. Качан биз ага бир топ эле жакын барганда, жолборс үргүлөөсүнөн ойгонгондой болуп, анан куйругун бултактатып, бизге учурашкандай болду. Лоуси ошол замат эле бийик даракка чыгып кетти. Менин таятаман артыгыраак башка эч ким бактарга жөрмөлөп чыга албайт эле. Мен дагы бакка чыгайын дедим эле, бирок ал мени токтотуп койду. — Баргын ага, — деп шыбырады ал. Ооба, биз жолборстун артынан көп жумалар бою көз салганбыз, анын үстүнө аздыр-көптүр жакын аралыкта, бирок мен жолборс деген — өтө коркунучтуу, жаалдуу айбан экенин эң сонун билчүмүн. Ал мени көз ачып-жумганча быт-чытымды чыгарып тытып таштайт болчу. — Ал сени билет. Сен анын баласынын бирөөсү катары жанына бар. Жолборстун баласы болуп кал. Коркунучту артка ташта, болбосо ал сага кол салса өлүп каласың,— деп буйруду мага Лоуси. Мен дем алуумду колго алып, иштөөгө көңүлдөндүм. Акырын өзүмдүн шыргыйымды жерге коюп, колумду денемден ылдый түшүрүп, мен акырын жырткычка жакындай баштадым. «Ал эч качан менден коркунучту көрбөш керек, — деп өзүмө-өзүм акыл айтып жаттым. — Бутумдун астын гана карашым керек… ага тике карабашым керек. Ал мени тынч жана көңүл оорутпаган жан катары эсептеш керек». Дүйнөдө анча деле көп адамдарга эркиндиктеги ак жолборсту байкаганга жолу болбосо керек. Ал күнү ачуулуу, күчтүү жырткыч сунулган таманына чоң башын коюп, мага жөнөкөй мышыктай болуп, кулагынын артынан кытыгылаганга уруксат берди. Мен өз кожоюнума карап, жылмайдым. Күтүлбөгөн жерден ал тараптан бутак сынгандай болуп, чыртылдак угулду. Мен бир заматта чекке жеткен топтолуу абалынан чыгып, күтүлбөгөндүктөй колумду тартып алдым. Жолборс токтоосуз жооп берип, күчтүү таманы менен оорута тийип өттү. Укмуштуудай, бирок менин денемди тытып таштай электе жырткычтан артка секирип кеттим. Эми, мен кыймылдагандан кийин, ал мени дагы бир жолу башка таманы менен уруп жибериш үчүн, жаткан абалын алмаштырды. Ал көтөрүлө баштады, анын кийинки кыймылы мен үчүн өлүм болоорун түшүндүм. Мага өмүрүмдү сактап калышым керек эле. Өзүмдү жеңишим керек. Жырткычтын көзүнө карабашым керек. Табигый өзүн-өзү сактоо инстинктин басышым жана качпашым керек. Антпесе жолборс шыр эле мага секирет. Качкандын ордуна, ага башында кандай жакындасам, мен мурдагыдай эле момундук түрүм менен катып калдым. Ал мени үңүлө караган убакта, көзүмдү ылдый түшүрүп, мен жолборстун таманын карап тура бердим. Жолборс көтөрүлгөнүн токтотуп койду, мен жай гана бир кадам артка жылганда, кайрадан жатып калды. Лоуси мага башын ийүү менен саламдашты. Турмушумда биринчи жолу ал мага ушундай сый көрсөттү. — А сен билүүгө умтуласың жана зээндүүсүң…— деди ал, анан ошондон тартып мени «Ло Фу Цзай», башкача айтканда «кичинекей жолборс» деп атай баштады. Мен кыймылын жана адатын байкаган бардык айбандардан мага көбүнчө жолборс жакчу, анан албетте мен жолборстун стилине кызыкчумун. Кун-фу күрөш чеберчилигинде бул стиль баарынан мурда сөөктү, тарамышты жана булчуңдарды чыңдоо үчүн иштелип чыкчу. Бул стиль кыска, ачуулуу кыймылы, күчү жана кубаттуулугу менен айырмаланат. Жолборс жаратылышы боюнча урушчаак эмес жана чыдамдуу келет, бирок аны эгер бурчка такаса, ал өзүнүн ачуусунда ээ-жаа бербейт. Салгылашуу урушунда жолборс стилин колдонгон жоокер абдан каарданып, жанынын бардыгынча салгылашат. Бул стилдеги «жолборстун чеңгели» позициясы куралдуу каршылашың менен болгон куралсыз күрөштө абдан пайдалуу. Кол салган жактын куралын колу менен буруп же ага кыйраткыч сокку бергенге мүмкүнчүлүк бербей туруп, кун-фу жоокери каршылашын анын артыкчылыгынан айрыйт. Бир жолу эртең менен, мен анда он жашта элем, Лоуси мени токойго алып барды. Али эрте эле, таң жаңы эле куланөөк салып келе жаткан. Мурдагыдай эле жолдон медитация кылып, биз бир нече километр жүрдүк, бул жолу мага жаңы белгисиз маршрут менен келе жаттык. Жолубуздун аягында биз жыгач платформанын астында болуп калдык, ал эки чоң бактын ортосундагы негизине кере тарткан жипке кармалып турган эле. Сегиз бурчтуу формадагы платформанын туурасы бир жарым метр экен, анын ылдыйкы жагынан жүздөгөн миздүү бирдей узундуктагы болот тиштер соройуп чыгып турган. Мен жыгач платформанын астындагы басылган жерди көргөндө, тамагым кургап чыкты. — Платформанын астына тур, — деп Лоуси мага буйруду. Мурдагыдай эле мен кыңк этпестен баш ийдим. Платформанын астынан мен эрте мененки жарыкта чачыраган жарыктагы чагылышкан коркунучтуу тиштерден көзүмдү албадым. — Секиргенге даярданган жолборстун тик турганындай бол. Мен эки кол менен таянып тик туруунун төмөнкүсүн кабыл алдым, таятам болсо керилген жипти, мени менен платформанын ортосунда экидей сантиметр калганча бошото берди. — Эми дагы сенин жамбаштарың жер менен паралель болгончо ылдыйлай бер. Мен баш ийдим. — Бул жолборстун керилип жаткан эки колу менен таянып тик турганы, — деди Лоуси. — Бул тик туруу күрөш үчүн эмес, бирок ал сенин буттарыңдын булчуңдарынын чыңалышына жардам берет. — Ушул сөздөрдөн кийин ал платформаны дагы ылдыйлатты. — Карагын, турбагын, — деди ал мага, анан үй тарапка басып кетти. Бул тик турууда мага бир кылым тургандай сезилди. Таң атып калды. Түшкү ысыкка чейин али көп убакыт бар болсо да, менден тер мончоктоп куюлуп жатты. Буттарым ооругандан тырышып жатты, бирок менин астымда салаңдап турган миздүү тиштерден коркуум мага кыймылдаганга да мүмкүнчүлүк берген жок. Ошол эле замат мен Лоусини ойлогон мезгилде, жердин астынан чыга калгандай болуп, ал мени алдымда пайда болду. Лоуси платформаны айлана басып, менин тик турган абалымды текшерди. Ал мени менин чекке жеткен абалымды көрдү. Тер менен жаш жаагымдан ылдый агып жатты. — Позицияңды жеңилдетсең болот — бир бутуңду алдыга сун, — деп буйруду ал. Мага бутумду укмуштуудай эмгек менен түздөгөнгө туура келди, бирок ушундан кийин чындыгында эле жеңилдей түштүм, кантсе дагы бутум тырышпай калды. — Бул тик туруу «жаа жана жебе» деп аталат, — деди ал. — Карачы, сенин бир бутуң бүгүлүп, урушка даяр жаадай болуп чыңалып турат, а башка бутуң болсо жерге тийип, бирок жебеге окшоп түптүз. Ушул коркунучтуу платформанын жардамы менен Лоуси мени көптөгөн ылдыйкы тик турууга үйрөттү. Алардын ар бири өзүнчө жолборстун стилинин тигил же башка түрүнүн бирин элестетчи. Менин үзгүлтүксүз машыгуум буркан-шаркан түшкөн буттун башы менен отуруп туруумду жана көтөрүлүүмдү, кайрылыштарда жана «жаа жана жебе» тик туруусундагы секириштен, «чабуул жасаган мышык» тик туруусуна өтүү, ошондой эле кайрылыш аркылуу «ат» тик туруусун өзүнө камтыйт эле. Платформа астындагы көптөгөн айдагы машыгуумда мен ылдыйкы тик туруудагы позициямды алмаштырганды үйрөнүп калдым, ошондуктан менин буттарым ушунчалык чыңалгандан булчуңдарым болотко окшоп катуу болуп калды. Лоусинин жетекчилиги астындагы сабактарымдын жыйынтыгында колдорум дагы күчтүү, чыдамкай болуп калды. Анын сабактары ансыз катаал эле, ага карабай ал менин колдорумду дагы ташка кысып койчу, ал убакта мен катып калган аяктарыма таянып, платформанын астында бүгүлүп турчумун. Чыдатпаган оору эле, бирок мен ага баш ийишим керек болчу. Убакыт өткөндөн кийин бул тик туруунун көпчүлүгү мага ушунчалык көнүмүш болуп калгандыктан, мен ойлонбой туруп, автоматтык түрдө белгилүү позицияда тура калчумун. Мезгил мезгили менен Лоуси мага сыноо уюштуруп турчу. Бир жолу түн ичинде ал менин бөлмөмө кирип, уктап жаткан мага, бир чака таштай муздак сууну куюп жиберди. Мен ошол замат ойгонуп, секирип туруп, эмне экенин түшүнбөй эле уруштун «ат» тик туруу абалын ээлеп калдым. Бирок Лоуси мага туура эмес ээлеген тик туруум үчүн айкыра баштады. — Бул ийиниңди астыга жылдырыш керек, — деп Лоуси айкырып, анан муштуму менен тишиме коюп калды. Анан башкача бир үн менен короодо машыгууга жана медитацияга даярдануумду буйруду. Кайсы бир жолу Лоуси себеттен көрүнүшү боюнча кымбат сыя челекти, кутучадан эң сонун жез канаттарды жана таза кагазды алып чыкты. — Мен, сенин «жолборстун» шамдагай тик туруусу жөнүндө эмне билдиң, ошонун бардыгын жазганыңды каалайм. Бул тапшырма менен мага эртеден кечке жазганга туура келсе да, мен жүдөткөн физикалык көнүгүүлөрдөн бир аз дем алганга мүмкүнчүлүк алдым. Биздин корообуздун ичи мага жазалоо жана азап чегүүчү жайга окшочу, бирок ошол күнү жалгыздыкта медитация менен машыгып жатып, мен күтүлбөгөн жерден короонун ичинин кооздугун көрдүм. Түз эле менин алдымда короонун алыс дубалында жайгашкан «айлуу дарбазадан» бийикте Муздак тоонун түштүк бети, кытайча Ханьшань-Сы көрүнүп турду. Күндүн ачык тийген жарыгынан жүлжүйүп, мен ал жактан калың бийик коюу кассийдин арасынан баш калкалаган алыскы монастырдын сөлөкөтүн көрдүм. Менин үстүмдө дубалдын периметри боюнча жана үйдүн чатырында мифтеги айбандар бийлеген боюнча катып калган. Качан гана мага ушундай мумкүнчүлүк болгондо, мен такай аларды аң-таң болуу менен карай берчүмүн. Кийин билсем бул айбандардын фигурасы үйдү жин-шайтандардан сактайт экен. Көпчүлүк кытайлардай эле, менин туугандарым дагы ырымчыл болчу, бирок кун-фу күрөш чеберчилиги мага коркунучтун кайсынысы болбосун жеңе турган жөндөмдү, ишенимди берди. — Сенин ичиндеги кудайдан башка, эч кандай башка кудай жок, — деп чарчабастан мага Лоуси кайталай берчү. — Өзүңдүн коркунучуңду ээлеш үчүн, ци кубатын колдонгун. Лоуси менден кайсы гана коркунуч болбосун, аны эң бир укмуштуудай ыкма менен кууп чыкканды билчү. Бир жолу биз бир нече күн катары тоого, анын эң туу чокусуна жеткенче жөрмөлөп чыга бердик. Жапайы катуу шамал шуулдап, жамгыр катуу согуп жатты, бирок Лоуси менин көнүгүүмдү уланта беришимди буйруду. Топтолууга такыр мүмкүнчүлүк жок эле, кескин, эң катуу шамал менин жука кийимимди жулуп жана кайсы гана учур болбосун, терең тар асканын жарыгына ыргытып түшүрөт эле. Бат эле жүрүштөн кийин Лоуси ар кандай мелдештерге алып бара баштады. Биз Кытайдын континенталдык территорисындагы ар кандай храмдарга зыярат кылуу үчүн бара баштадык. Биздин жолубуз Шаньдундан Тангуга чейин түндүк-чыгышта, андан ары Ланьчжоу жана Чэнду аркылуу Тибетке чейин батышка, кээде Пакистандын өзүнө чейин жетчү. Мени камырабастыкка үйрөтүп, эмоциямды күчтөп басканга үйрөтчү, бирок ар дайым биз Гонконгго келген сайын мен кубанычымды зорго кармачумун. Бул ХХ кылымдын 70-жылдарынын аягы эле, аралда турмуш кайнап жана буркан-шаркан түшүп жаткан болчу. Менин кыялымды спорт автомобилдери, батыш бычылышындагы шаан-шөкөттүү костюмчан адамдар, ачык түстөгү неондук жарнамалар жана бардык жердеги музыкалар таң калтырды. Менин Гонконгго барышымдын максаты куматайга баруу эле. Куматай — бул легалсыз мелдеш болсо да, ага карабастан Гонконгдо башка көрүүчүлөрдүн катарында эле полициялар жана башка чиновниктер дагы акча сайышчу. — Бул жерде эркин стилде жана толук контактта, мындайча айтканда өлүмгө чейин да мелдешишет. Күрөш чеберчиликтин эң бир ар түрдүү системасын практикалашкан жоокерлер бул жерде мүмкүн боло турган азап-тозокту өз моюндарына алышып, тобокел кылышып, бири-бири менен жекеме-жекеге чыгышат, — деп түшүндүрдү мага Лоуси, биз аренадан өзүбүздүн ордубузга отурган кезде. Бул мелдештер (жана ал жердеги өкүм сүргөн атмосфера) мен катышууга жетишкен башка мелдештерден айырмаланып турчу. — Кан ичкич жырткычтар…— деди таятам, менин жинденип жыйылган калың элди караганымды байкап. — Мындай нерсе жоокерлер өлгүчө урушканда такай болот. Мага Лоусинин өзү бир же эки жолу эмес далай ирет куматайда катышканы белгилүү эле. — Бир күн келет, сен ошондо жеңүүчү болосуң, — деп алдын ала айтчу таятам. Мен болсо анын айтканы туура экенин эң сонун түшүнчүмүн. 4-бөлүм Мага он эки жаш болгондо, мени кайра Англияга жибериш керек деп жарыялады таятам. Алдыда ата-энем менен жолугуша турган күндү эстегенде, мен бир эле убакта толкундануу менен бирге эле коркунучту да сездим. Аэропортко бара жараткан жолдо Лоуси көпкө чейин учукпады, ар кимибиз өз ойлорубуз менен алек болдук. Биз аэропортко келген кезде гана таятам Лондондо менин кун-фу боюнча окууларымды улантуу керектигин айтты. — Мен Женевадагы кун-фу боюнча эл аралык федерация аркылуу сүйлөшүп койдум. Сага мугалим бекитилип жана сенин окууңду төлөп турушат, — кошумчалады ал. Араба токтоду. — Мен сенин жетишкендиктериңе көз салып турам, сен бир нече убакыттан кийин бул жакка кайрылып келесиң. Ушул сөздөрдү айтып, ал баш ийди да, кайра артка жөнөп кетти. Качан учак асманга көтөрүлгөндө, жакынкы келечекте мени эмне күтүп тураары жөнүндө ойлоп баштадым. Кытайда өткөргөн сегиз жыл арасында мен бир нече жолу ата-энеме учуп келип, аларда кээде бир нече ай катары менен калып калчумун. Ишкердүү жана жандуу Лондон менин такай суктануумду туудурар эле. Мага оюнчуктар, толгон витриналар, Трафальгар аянтында нары-бери жүргөн панктар, кызыл эки ярустуу автобустар жана Пикадилланын жаркыраган оттору жагаар эле. Бирок ата-энемдикинде жашаш мага дайыма оор эле. Алар Кытай жөнүндө эч нерсе уккусу келген эмес. Баарынан мурда бул апама тиешелүү эле: ал мага Кытай эч кандай менин жашоомдо болбогондой мамиле кылчу. Мен турган жерде ал дайыма өзүн ыңгайсыз сезчү. Биз такыр эле сүйлөшчү эмеспиз. Менин бардык күчүм менен англисче сүйлөгөнгө үйрөнөйүн деген аракетим деле жардам берген жок. Кантондук диалект тез эле менин өз тилим болуп калды. Албетте апам деле өзүнүн ата-энесинин тилин билчү, бирок мен аны эч качан бул жөнүндө сурачу эмесмин. Менин үй-бүлөмдө көп нерселер мен үчүн жети кабат ачкычтын артындагы сыр боюнча кала берди. Ыңгайлуу учактын креслосунда отуруп алып, мен тогуз жаш кезимдеги Англияга эң акыркы барып келүүмдү эстей баштадым. Бир жолу мен апам менен супермаркетке бардым. Мурдагыдай эле, апам арабачага ар кандай бакалеяларды жана таттууларды толтура салды. Мен апамдын арабачанын түбүнө өзүнүн сумкасынын алдына креветкалар салынган пакетти тыга салганын байкап калдым. — Апа, сен креветкаларды унутуп койдуң,— деп кассирдин алдына креветкалардан башка алган бүт товарды койгондо эч бир жаман оюм жок айтып калдым. — Ах, мен кандай, унутчаакмын. Ойлош керек экен! — апам уяла айтты да, пакетти алып, капчыгына акча алыш үчүн колун салды. — Толкунданбаңыз, — деди жапжаш кассир кыз. — Ар бирибиз жаңылышыбыз мүмкүн. Биз дүкөндөн чыкканда апамдын өлгөндөй ачуусу келди. Анын түнөрүңкү кабагы ички жашырынган ачуусун билдирип жатты, бирок мен ага качан эле көнүп калгам. Бир гана нерсе түшүнүксүз, мен ушул жолу эмне жамандык кылдым, бирок кандай учур болбосун менин унчукпаганым жакшы болот болчу. Эгер бул окуя бир нече күндөн кийин кайталанбаса ушунун баарын мен эч качан эстебейт элем. Бул жолу апам кымбат баалуу конфетти уурдагысы келди. Биз кассанын катарында турган кезде, апам арабачадан кутуну алып чыгып, тонунун кенен жеңине ката салды. — Апа кереги жок…— деп айтып келе жатып, ошол эле замат оозумду жаптым. Апамдын каардуу көз карашы сөздөн да жакшы айтып турду. Бул эскерүүлөр мени жайыма койбогондуктан, мен бактылуу бир мезгилди эстегенге аракет кылдым. Менин ойлорум мени Эджвердеги жашаган күндөрдөгү чоң үйгө алып келди. Атам жетишкен телевизор устаты болуп, анын иши байкашымча өйдө жогорулай берсе керек. Бир жолу ал үйгө кечинде кечирээк келген кезде, мен кубанычтуу кыйкырыкты жана күлкүнү уктум. Кардарларынын бири ага өтө чоң суммадагы накталай акча менен төлөптүр. Үйгө кирип келип, ал бир боо акчаны абага ыргытып жиберди. Кубанычы ашкан апам акчаларды чогултканга чуркады. Мен дагы апам атамдын белинен кармап, экөө бирге кубанычта бийде айланганын көрүп, өзүмчө шаттандым. Биздин үйдө болгон анча көп эмес, эсимде калган күндөрдүн бири ушундай эле. Учкандан бери бир нече саат өттү. Мен мотордун күүлдөгөн үнүнө кулак төшөдүм. Акыр аягында үргүлөп кетип, биздин учак Лондондун аэропорту Хитроуго конгондо ойгонуп кеттим. Авиарейстин стюардессалары мурдагыдай эле ачык жүздүү болуп, анан учуунун аягында алардын бирөөсү мени атам-энем тосуп ала турган терминал залына узатып койду. Менин эч кандай жүгүм жок болгондуктан жеңил бара жаттым. Күтүү залы тосуп алуучулар менен толтура эле. Мен жыйылган элдин ичинен ата-энемди абайлап карай баштадым. Тез эле мен аларды байкадым. Апам, мурдагыдай эле мен элестеткендей, көркөмдүү көйнөкчөн, ачык боелгон эриндери менен жана коюу кара кирпиктери менен, туфлиси жана сумкасы өңү-түсү боюнча шайкеш келип турган эле. Атамдын кебетеси болсо ушунчалык жаман болгондуктан, менин дем алуум токтоп калды. Мен аны узун бойлуу, чегилип койгондой сулуу беттүү, кара тору өңдүү жана коюу тармал чачтуу боюнча элесимде калган. Азыр мен аны майыптардын коляскасында көрдүм. Ал кичинекей, купкуу, кара чачтарында ак чач пайда болуптур. Мен ата-энем менен жеңил баш ийип учураштым. Апам кандайдыр-бир уялгансып, анан олдоксон мени бетимден чала-була өптү. Кийинчирээк мен атамдын ооруусу тууралуу бир нерселерди билдим. Ал көптөн бери эле ооруулу экен. Диагнозу — элегей склероз — муну ага мен төрөлгөндөн кийин эле коюшуптур. Ушул себептен менин апам туталангыч болуп калса керек. Балким ушунун баарына мен күнөөлүү болуп, ошол себептен апам мени жек көрсө керек. Атам менен мага жакшы болчу. Ал мага өзүнүн шаймандарын жана кызыктуу буюмдарын көргөзүп, мени менен убактысын көбүрөөк өткөрөт эле. Анын ар кандай түрдөгү бурама мыктары, чоң бурамалары, винттери жана гайкалары бар контейнери менин көңүлүмдү өзүнө бурчу. Ал мага шахмат ойногонду үйрөтчү, дагы бир схема боюнча ар кандай техникалык моделдерди жана ал мага окуп берген китептерден чийген чиймелерди конструкциялачубуз. Өзү болсо өз кезеги боюнча чоң жоон китептерди окучу. Мага атам менен дайыма көңүлдүү болсо да, биз аны менен чуркачу, күрөшчү эмеспиз, футбол жана гольф дагы ойночу эмеспиз. Эмне үчүн экенин азыр гана түшүнүп жатамын. Ал бардык күчү менен жумушка жөндөмдүүлүгүн сактаганга аракет кылчу, бирок бат эле чарчап калаар эле. Бат-бат эле жалгыз калганда тизесиндеги китеп менен уктап калаар эле, апам болсо супермаркетке көпкө дейре кетип калаар эле. Бул жерде таятам белгилеген катуу режимди сактоону кажети жок болсо да, ушунун өзү эле аябагандай жеңилдетүү болсо да, Англияга көнүү оңой иштей болбой калды. Бул жерде, Батышта, мен үчүн бардыгы жат эле. Адегенде мен жумшак төшөккө да уктай албай, полдо уктап жүрдүм. Ата-энем мени жергиликтүү орто билим бере турган мектепке жаздырышты, кечки убакта болсо мен англис тилине кошумча сабакка барып жүрдүм. Мен мектепти бат эле жек көрүп калдым. Менин башка балдар менен байланыштырган жалпы эч нерсем деле жок болчу. Башынан алардын богооз сөздөрү жана каалаган шылтоо боюнча урушкандары, мугалимдерге карата сыйлабаган, орой мамилелери мени анык үрөйүмдүү учурду. Менин маданиятымдын чеги боюнча улууларды сыйлагандан башка да, аларды ардактап жана каяша айтпастан угушчу. — Эй, сен, жылчык көз, каякка бара жатасың? — Бул мен мектепке келгенден баштап эле мени шылдыңдашып жүргөн балдардын шайкасынын башчысы Стив Женкинс эле. Көп жумадан бери эле, алар менен байланышпоону чечип, чыдап жүрдүм. — Балким, өзүңдүн кытаездоруңа түшкү тамакка бара жатпа? Анын жолдоштору боору эзилип күлүп жатышты. Алар мектептин короосунда менин артымда калбай келе жатышты. — Эй, кытаеза, мен сени менен сүйлөшүп жатам. Эмне, укпай жатасыңбы? Мен өз жолум менен кете бердим, бирок ичимде бир нерсе кайнай баштады. Албетте, адамдарды ыракаттануусунан айрыбаш керек. Бирок алар ким менен тамашалашып жатканын билген жок. Кун-фу күрөш чеберчилигинде эң бир маанилүү принцип — кагылышуудан кач, өзүңдү-өзүң коргонуу учурунда гана аракет кыл. Бирок балдар калышкан жок. Алардын шылдыңынан жана кордоосунан өзүмө-өзүм келе албай жаттым. Стив Женкинс килейген, түрү суук бала кара терилүүлөргө да, ошондой эле азияттарга да, көп балдарга обу жок тийишчү. Мен аны бир жолу атасы менен шаардан көргөм. Экөөнүн тең башын такырайтып кырган өнөкөтү бар эле, атасынын колунда болсо, Улуттук фронттун[9] символикасы менен татуировкасы бар эле. Бир сөзү менен айтканда, бул жийиркеничтүү адам болчу. — Эмне, кытаеза, коркуп калдыңбы, мени менен сүйлөшкөндөн коркуп жатасыңбы? Ах, мен жөн эле унутуп калган турбаймынбы, сен англисче сүйлөгөндү билбейсиң да! — Ал менин алдымда, көздөрүн жүлжүйтүп кыйшаңдай баштады. Мен токтой калдым — ал мага өткөнгө жол бербеди, башка балдар өзүнүн башчысын туурап, чоң «эрдикке» көкүтүп жатышты. Ушул жерден «Триаданын» балдары чала жан болгуча сабап кетишкени менин эсиме түштү. Мындай нерсе эч качан кайталанбашы керек. Женкинс менин астымда көзүн ичке жылчыкка айлантыш үчүн чыкыйынын терисин созо кыйшалактаганын уланта берди. — Мени жайыма кой, — деп мен анча катуу эмес, бирок бекем айттым. Женкинс күлкү менен мени эликтей баштады: — «Жайыма» дейсиңби? Муну сулатып койбойлубу, балдар, өзү сурагандай, мейли тынчтансын. Ал өз шайкасына кайрылып, кандай дешет деп ошол замат эле мага кайрылып, мени сол ийниме согуп, анан далыма жаткызыш үчүн тап берип калды. Мен көз ачып жумгуча жооп берип, бутумдун күчү менен бетке сокку берип, мурдун сындырып таштадым. Женкинс жерге кулап түштү. Калгандары тигинин оорудан жыйрыла тырышып, чаңырган өкүрүк менен, каргыш менен жана сөгүнүү менен канды токтотуш үчүн бардык аракеттерди жасап жатканын үрөйү уча карап турушту. Мен ар биринин көзүнө тике карадым. Бардыгы бир заматта качып кетишти. Өз убагында. Бул мени тынчтандырды. Уруш үчүн мени жазалашты, бирок катуу эмес: мугалимдер мени мектепте биринчи күндөн тартып эле эмнеге гана чыдап жатканымды түшүнүшчү. Мен эмгекти сүйгөн, сылык жана тартиптүү окуучу болчумун, Стив Женкинс болсо ашынган зөөкүр эле. Бат эле ушул окуядан кийин аны мектептен чыгарып ташташты. Менин кун-фуну колдоно билүүм тууралуу сөз окуучулар арасына бетегелүү талаадагы өрттөй тарап, менин жаныма балдар топтоло баштады. Мурда мен эч качан көңүлдүн борборунда болгон эмесмин. Балдарга жалпы көңүл ачуу жана дүркүрөгөн иштер үчүн башчы керек болчу. Ошондуктан мен бир калыптагы тартипке салынган турмуштун катуу үлгүсү менен эркиндиктин жаңы коркунучтуу сезиминин ортосунда эки жакка тартылып жаттым. Мен бөлөк маданият менен кездешүүмдөн анык психикалык күчтүү таасирди баштан өткөрүп жаттым. Мен өзүмдү жалпы билип туруп, кылмышка жол коюучулукту жана жалпы уруксаат берүүчүлүктүн арасында кандайча алып жүрөөрүмдү түшүнбөй, ошол эле мезгилде көп мугалимдер класстагы жөнөкөй тартип үчүн окуучулар менен жекеме-жеке күрөшүп жаткандарына түшүнө албадым. Менден ачыктан-ачык эле коркушчу, бул болсо мага жакчу. Азыр мени капа кылуу эч кимдин оюна келчү эмес. Курмандык болгондон көрө, зөөкүр болгон жакшы. Эгер мен ку-фу күрөш чеберчилигин окууну улантпасам, балким, Стив Женкинс жана анын досторунун жолуна оңой эле түшүп кетет белем. Менин таятам белгилүү инсан болгондуктан штаб-квартирасы Женевада жайгашкан кун-фунун Эл аралык федерациясы (ЭАФ) аркылуу менин окуумду камсыз кыла алчу. КЭАФтин өкүлдөрү мени өзүмдүн тажрыйбамды Лондондо Чжан мырзанын жетекчилиги астында улантуума кам көрүштү. Бул кун-фунун чебери, көп жылдык тажрыйбалуу, боорукер, ак көңүл киши эле. Бирок, тез эле, мен көпчүлүк техника боюнча андан артыкча болгонум айкын болду. Бирок, мырза Чжандын жетекчилигин астындагы машыгуудагы тартип кемтиксиз эле жана ал менин ийгиликтүү окуумда таасирин тийгизбей койгон жок, ошол себептен мени тез эле кун-фу мектебинин окутуучусунун ассистенти катары дайындашты. Ошол эле жерден мен Ямайкадан туулуп өскөн, кун-фу күрөш чеберчилигин жаман билбеген Кингслей менен таанышып калдым. Ал менин бирден бир анык досум болуп чыкты. Чжан мырза мага анчалык деле чек койбосо да, кун-фу мектебинин тартиби мени көчөнүн көйгөйүнөн алыс алып кетчү. Ошентсе да мектептин тартиби менин сезимимдеги үзгүлтүксүз байланышкан анык шамдагай чеберчиликтин окуусунун катуу режимине ылайык келчү эмес. Өткөндөгүнү эстеп отуруп, мен көпчүлүк жашоомдо баш ийген, катуу колго зарыл болгонумду түшүндүм. Керектүү принципиалдуулукту жана катуулукту, бирок анчалык деле деңгээлде эмес, мен окутуучуларымдын биринен таптым. Мырза Сайзер диний билим жагына жооп берчү. Балдардын көпчүлүгү аны жек көрүшчү. Ал катуу талап кылган, эч кандай келесоолукка чыдабаган, өзүнүн үстүнөн эч кандай тамашага жол бербеген киши эле. Мен улууларга такай сыйлоо менен мамиле жасачумун, бирок мырза Сайзер мен чындыгынды сыйлаган көптөгөн окутуучулардын арасындагы бири эле. Анын сабактары анык ыракат алып келчү. Таятам мага дүйнөдөгү диндер боюнча көп айтып берээр эле. Мен аң-таң болуу менен ар түрдүү ишенимдин тажрыйбалары жана системалары жөнүндө укчумун, бирок жалгыз анык кудай адамдын жүрөгүндө болгон, атап айтканда ци экенин эң сонун билчүмүн. Мырза Сайзер бизге Ыбрайым жөнүндө Ыйык китептик окуяларды, өзүнүн уулу Ыскакты курмандыкка бергенге даярдыгын айтып бергени азыр дагы эсимде. Ыбрайым өз Кудайына кандай гана моюн сунууну жана эрдикти көрсөткөн! Бул окуя менин жүрөгүмө жакын болду. Качандыр-бир кезде мен Ыйык китепти колго алам жана бул улуу китептен дагы бир нерсени окуйм деп ойлодум. КЭАФтын камсыз кылуусунда болгондуктан, мен ар кандай күрөш чеберчилигинин түрү боюнча өткөрүлгөн Эл аралык мелдештерге катыша алат болчумун. Мындай мелдештер Азият өлкөлөрүндө тезирээк өтүп тургандыктан, ал жактан мен таятам менен жолугуп турчумун. Мен анын мага өтө чоң акча сайганын билгемин, ошондуктан мен аны эч качан оңтойсуз абалда калтырчу эмесмин. Мен жыл сайын Кытайга кайрылып келчүмүн да, таятамдыкында эки-үч ай калып, таятамдан окууну уланта берчүмүн. Азыр ал мени урчу эмес, бирок мен мурдагыдай эле үн-сөзсүз ага баш ийчүмүн. Мага он жети жаш болгондо, Лоуси турмуштун анык текшерүүсүнөн өткөрө баштады. Бир жолу биз аны менен Наньчанга, Поян көлүнүн түштүк-чыгышындагы Цзянси провинциясына жөнөдүк. Мен анда Наньчань көчө бандиттиги менен «даңктуу» экенин билген эмесмин. «Дайыма даяр бол. Күтүлбөгөн нерсени күт», — деп үйрөтчү мени Лоуси. Менин үрөйүмдү учуруп, ал мени көчөнүн ортосунда ич кийимиме чейин чечинишимди буйруду. Бул буйругу бир топ эле күтүлбөгөн нерсе эле. Мен анын бетине кайраттана карадым, бирок мен аны билишим керек эле, анын бети киши билгис болчу. Таятам курткасынын сырткы чөнтөгүнөн буралган, түрүлгөн лентаны алып чыгып, менин мойнума илип койду. Мен андагы жазууну окуганда шыр эле жүрөгүм айланып кетти: «Хум ка чжань» («баарыңар өлгүлө!») жана «Чжао ни нян де чжу цзун ши ба дай» («баарыңар чоң энеңерге жана чоң энеңердин энесине баргыла!..»). Лоуси мени караңгы кайрылыш жакты көздөй түрттү. — Эми жалгыз барасың. Мен таятамдын эмне ойлонгонун түшүндүм. Мен кайрылышта бир качан кадам жасаганда эле, алыста турган кемпир үйүнө шап кирип, эшигин тарс дедире, бекитме менен жаба салды. Күтүлбөгөн жерден катуу сөгүшүү угулуп, мага шыр эле сегиз-тогуз кастеттери менен көчө бандиттери жетип келди. Кайрылыш тар эле. Бул тилекке каршы ыңгайлуу эле. Алар мага бардыгы бир убакта кол сала алышпайт эле. Мен ошол замат жолборстун ылдыйкы тик турусун кабыл алдым. Бут менен бат иштөөчү ыкманы колдоонууну чечип, мен оюм менен чабуул жасай тургандарга топтолдум. Алардын биринчиси мага оң жактан асылды. Кайрылып, мен колум менен анын качыруусун тосуп, чабуул кылганда чагылгандай тез оң бутум менен урдум. Бул чабуулду кайта кайтарганда колунда кастети бар экинчи кол салуучуну көрүп калдым. Ал түз эле менин башымды көздөп келе жаткан. Мен дагы кайрылып, кастети бар колду ыргыта салып, каршылашымды бетке каптал жактагы сокку менен көпкө чейин турбай тургандай жыга чаптым. Бутум менен иштегенди улантып, качан тигил оң колу менен менин бет жагыма качырганда, мен кийинки каршылашымды тостум, көз ирмемде мен каршылышымдын соккусун кайтарып, андан кийин бармактарымдын сөөктөрү менен сокку бердим. Ал жыгылып түшкөндө мен анын далысын платформа катары астына чыгыш үчүн, бийигирээк болуш үчүн колдондум. Кийинки кол салгандар мага каршы бир мезгилде каршы чыгышты: бирөөсү жүрөк тушума түз оң колу менен сокку бергенче аракет жасаса, экинчиси каптал жакка буту менен сокку бериш үчүн шилтеп калды. Адегенде көтөрүлгөн сол колум менен биринчи катылгандын соккусун кайтарып, анан түйүлгөн муштумдун сырты менен чыкыйга контрчабуул жасадым. Ошол эле учурда ылдый эңкейип, мен башка каршылашымдын бутунун соккусунан буйтап бурулуп туруп, аны жука чурайына тептим. Мага дагы бири чуркап келди эле, бирок мен секирип кетип, аны жаныман өткөзүп жиберип жатып, таманым менен чыкыйына берип калганга жетиштим. Тигил жыгылып калды, бирок кийинкиси мени муштуму менен көкүрөккө түз сокку берип, чабуул жасап калды. Далымды жаа түрүндө бүгүп, мен каршылашымды тизем менен жука чурайына берип калдым. Калган экөөсү ачуулуу сөгүнүшүп жана мени көздөй ичишкен бөтөлкөлөрдү ыргытып жиберишип, алды-артын карабай безилдеп качып жөнөштү. Мен энтиккенимди басуу үчүн жана салгылашуунун бүткөнүнө көзүм жеткенче бир азга токтоп турдум. Ушул жерден жердин астынан чыга калгансып, Лоуси пайда болду да, мага ийилип таазим кылды. Андан кийин биз ал жерден тезирээк кеткенге аракет кылдык. Кийинки жылдары биз таятам экөөбүз Наньчанда нечен жолу болдук жана ар дайым көчөнүн зөөкүрлөрү менен салгылашчубуз. Бул жерден мен уламдан улам, биринчиден өзүмө-өзүм, ар кандай урушта ал кандай өтпөсүн, эреже мененби, же эрежеси жокпу, тура алаарымды далилдедим. Бир жолу таятам мени Кытай операсынын ырчысы катары кийингенге мажбурлады. Биз аны менен тоого көтөрүлүп, бир кедей кыштакка туш болдук. Ал ар кандай боек менен мени боеп, ийиниме оор мантияны иле салып, мени ушул «шыбалган» жана ыңгайсыз оор кийим кийинген кебетем менен көчөлөрдө жетелеп жүрдү, жергиликтүү дыйкандарды мени менен уруштуруш үчүн, ал өтө жаман сөгүнүп кыйкырышымды талап кылды. Мен дагы ачуусу келген, колдоруна эмне тийсе ошону алган адамдардын чабуулунда калдым. Бирок мен үчүн олуттуу сыноо айбалталуу топ адамдар эмес, оор ыңгайсыз кийимчен коргонуунун зарылдыгы, менин мүмкүнчүлүгүмдүн кескин түрдө чектелиши болуп жатты. Бирок буга окшогон талдоонун бардыгы таятам аркылуу атайын жасалчу эмес. Менин эки ата өткөн Сюй Мин аттуу эжем бар эле. Бир жолу саякатта жүргөн убакта аны уурдап кетишип, өз денесин сатууга мажбурлашкан. Буга окшогон кылмыш иштери Кытайда четинен табылат эле. Сюй Мин жаш жана сулуу болчу, ошондой эле ар ким үчүн анын ата-тегин билбегендерге, ал жеңил жем болуп көрүнсө керек. Бизге аны «Триаданын» чатырынын астында иштеп жаткан шанхайдык бир бузукулардын уясына калтырганы жетти. Биз далай жолу үй-бүлөдөгү кеңеште бул ишти талдап жана биздин Шанхайдагы байланышыбыз аркылуу бул түшүнбөстүктү жөнгө салып жана Сюй Минди токтоосуз бошотот деп ишенгенбиз. Күндөр артынан күн өтүп, акыр аягында кат алдык. Таятам жинденип кетти: — Шанхайдагы жергиликтүү полициядагы биздин адам полициялар «Триада» текшерген аймакта көрүнүүдөн коркушканын, болбосо алардын арасында ич ара тартыш башталып кетет деп айтты. Ошол себептен мен Шанхайга жөнөдүм. Шанхай полициясындагы биздин адам мени алыс узаткан жок, бирок ансыз деле мага каякка, кандай барышым түшүнүктүү болчу. Мен керектүү үйдүн жанына токтоп, ичтеги чыккан үндөргө кулак төшөй баштадым. Эшик жабылбай калгандыктан, мен кыздын аянычтуу чыккан үнүн уктум. Балким бул үн Сюй Миндики болуп жүрбөсүн деп мен ойлоп калдым. Кыздын эмне деп жатканын, мен ажырата биле албадым. Чуу көтөрбөөгө аракет кылып, мен араң жарык болгон бөлмөгө кирдим. Мени көрүп кыз көз жашын төгүп жиберди. — Сюй Мин! Ооба, бул ал эле. Сюй Мин мени көздөй боюн таштады, бирок эркектердин ичинен бирөөсү аны ирегелеш бөлмөгө карай түртүп жиберди. Мен чоң жазуу үстөлүнүн артында отурган костюмчан, кекирейген кишиге басып келип, бардык белгиси боюнча ал бул жердин башчысына окшойт, ага кайрылдым: — Урматтуум, бул кызга болгон мамиледе бир аз ката кетип калган деп ойлойм. — Бул кыздын, жигит, сага эч кандай тиешеси жок, — деп үстөлдөгү мырза башын өзүнүн эсептөөлөрүнөн өйдө көтөрбөй туруп киркиреди. Бардыгынан мурда да, аны мени карап да койбогону таң калтыра селдейтти. Ошондо мен тез чечим чыгарганга көнгөн адамдай чечкиндүү жана ишенимдүү сүйлөдүм: — Силер уурдап кеттиңер… — Биз эч кимди уурдаганыбыз жок, — деп мени сөзүмдү бөлдү. — Сиз менин сөзүмдү түшүнбөй жатат деген коркунучтамын, — деп моюн бербедим мен. — Сюй Миндин теги Кантондун Су уруусунан. Сиз аны кое берип жана менин таятам Чжэн Лин Сунун астында кечирим сурашыңыз керек. Кекирейген мырза жек көргөн түрдө бырыша түштү. Бизге окшогон үй-бүлө үчүн ушундай кемсинтүү болгондо, кемсинткен киши кечирим сурап жана дагы чыгымды төлөп бериш керектигин ар ким билет. Антпесе таарынган тарап, таарынткан уруусу толук жоголгончо кандуу өч алышты баштайт эле. Мырза эмне жөнүндө айтканымды жакшы түшүндү, бирок менин Су үй-бүлөсүнөн келип чыкканыма ишенбеди окшойт. — Сенин таятаңдын астындабы? — деп күлүмсүрөдү кожоюн. — Сен өзүң кимсиң, тегерек көздүү?— деп ал киңкилдеп, анан жек көрүү менен түкүрдү. Күтүлбөгөн жерден менин аркамдан эшик ачылып, бөлмөгө бычак менен куралданган жети же сегиз киши кирип келди. Бул иш тынчтык менен бүтпөй турганы түшүнүктүү болду. Мен өзүмдүн урушта алып жүргөн балтачамды алганда, ишке жолборс киришти. Мен бул уятсыз бетпактарды катуу жазаладым жана «Триаданын» эч кандай каршылыгысыз Сюй Минди үйгө алып кеттим. Бул окуя менин Кытай туугандарымдын ишеними жана сыйына ээ болгонго жардам берди. Мага баардыгынан мурда да көбүрөөк ушул жетпей жаткан. Кандайдыр бир мезгил өткөн соң таятам мени кезектеги катуу сыноого даярдай баштады, ушундан кийин мен кун-фу чебери деген наамга ээ болуп, аны сыймык менен алып жүрө алат болчумун. Бирок мен адегенде бир катар оозеки жана тажрыйба жүзүндөгү текшерүүдөн өттүм, ошондон кийин гана мени — «та шуй» же «туннелдеги текшерүү» финалына кое беришти. Бул өтө коркунучтуу текшерүү, ошондуктан муну чанда бирөө гана өтүшкө батына алат эле. Кээ бир жүрөктүүлөр туннелге кирип, аздары гана андан чыгаар эле. Биз таятам экөөбүз түндүккө жөнөп, канча бир күндөн кийин Шаньдун провинциясына келдик. Бул жерде сөз болуп жаткан, туннель, — бул мындайча айтканда даостук Кытайдын эң эле сыйлаган тоолорунун бири болгон Тайшань тоосунун этегинде жайгашкан узун үңкүр эле. Мен өзүмдү сергек сезип жана чакырууну кабыл алууга даяр элем. Өзүмдүн күрөш чеберчилигин үйрөнүү учурундагы этапта мен эч кандай коркунучту сезбей, ошондой эле татаалдыктагы тапшырманы аткарууга жан-дилим менен күйүп жаттым. Күн тийип турган жайдын күнү эле, бирок үңкүргө кирер замат, мен шыр эле муздактыкты сездим. Ачык тийген күндүн жарыгынан ичкеридеги жарыкка көнүш үчүн мага бир мүнөттөй убакыт керек болду. Күйүп турган шаманалар үңкүрдүн төбөсүнө күңгүрт жарык берип турду. Менин алдымда бир нече метр аралыкта сынган айнектер жаткан эле, «жөнөкөйдүн-жөнөкөйү» деп ойлодум мен. Илегилектин жеңил басышы менен сыныктарды басып өткөндө акырын кытыгылоодон башка эч нерсени сезбедим. Сынган айнектерден кийин, күйүп жаткан көмүр пайда болду. Бирок менин таманымдагы терилер ушунчалык долдойгондуктан, аларды басып өтүш мен үчүн анчалык деле кыйынчылыкка турбады. Мен ичимде урушуу үчүн жулунуп турсам да, шашпай жана ишенимдүү басып бара жаттым. Мына эми анык олуттуу сыноо. Алдыда мени эмне күтүп жатканын көрүп, өзүмчө жылмайып алдым. Бул менин оюмдагыдай эле. Менин жолумду ылдый жагынан учтуу найзанын темирине кадалган сегиз кырдуу рама тосуп турду, анын үстүнө ал бир нече бамбук таягы менен кармалып турган. Бүт ушул конструкция туташкан лабиринтти элестетип, бамбук таякчалар менен түз жана кыйчалыш багыт боюнча жаткырылган таяктарына бекитилген эле. Мен алардын арасынан өтүшүм керек болчу. Алардын бирөөсүнө эле кокусунан тийсем, бардык конструкция курч учтары менен үстүмө түшөт болчу. Мен ойлонуп калдым. Бул менин машыкканымды, зээндүүлүгүмдү жана тактыгымды текшерген сыноо эле. Лабиринт аркылуу бир эле сойлоп жүрүүчү жыландын кыймылын тууроо менен эптеп жетишим керек болчу. Бүт дитимди колум жана бутумдун абалына буруп, мен бамбук таяктарынын арасында кээде далымды бүгүп, кээде керек болгон учурда бир колумда туруп жөрмөлөй баштадым. Горизонталдык позицияны колдонуп, абалымды жана позамды өзгөртүп, мен коркунучтуу лабиринт аркылуу эптеп өтүп, анан карама-каршы жакка өттүм. Кийинки сыноо таштын мизи болуп калды. Ал менин жолумда болгондуктан, мен анын курч мизинин жээги менен басышка туура келди. Үлбүрөп күйгөн шамдын жарыгынан мен пол менен дубалдын эки жагынан тең миз жаркырай турганын байкадым. “Нефть” — деп жылмайып алдым. Нефть бардык жерде төгүлүптүр. Ошондуктан мага сегиз метрдик миздин үстүн менен гана басышка туура келип калды. Анын үстүнө үңкүрдүн ушул жери ушунчалык тар болгондуктан, башка жол жок эле. Бул сыноонун башы гана экенин — астыда мындан коркунучтуусу күтүп турганын алтынчы сезим менен туюп жаттым. Мага күч кубатымды топтоо чексиз керек. Мен тынчтанып, ыкласымды коюп, анан оорууну сезбешим үчүн бүт ци энергиясын бут жагыма жибердим. Тең салмагымды сактап, мен учтуу таштын мизин карап басып, жыла баштадым. Капысынан туннель аркылуу мени көздөй жапайы, кутурган иттин чуркап келе жатканын көрдүм. Мен шыр эле кожоюнумдун сөзүн эсиме түшүрдүм: «Дайыма даяр бол, күтүлбөгөн нерсени күт». Мен иттин менин көңүлүмдү алаксытыш үчүн болгон курал экенин түшүндүм. Жинденгенден шилекейин чачыратып, ал мага секире баштады, бирок курулай, аны оор чынжыр кармап турган эле. Мен мурдагыдай эле ци энергиясын текшерип, анан ишенимдүү түрдө таштын мизи менен баса бердим. Кутурган итти артта калтырып, мен үңкүр боюнча абайлап кете бердим. Коркунучту күтө берип, менин сезимдерим курчуп чыкты. Туннель дагы кеңейе баштады, ушул жерден мен анык тоскоолдукту көрдүм. Үңкурдүн бардык кеңдигинде — дубалдан дубалга чейин — бардык үстү курч үчүлүк айры менен сайылган жыгачтан жасалган секиче тосуп туруптур. Жыгачтан жасалган секиче өзү болсо зор тоо ташына негизделген эле. Ушул конструкция кармалган оор металл алкактуу чоң дөңгөлөктөр эч качан кыймылдабагандай болчу. Сөзсүз түрдө, бул мен үчүн менин жолумдагы олуттуу тоскоолдук. Мага башка жакка өтүш керек болчу, бирок бир нерсени кармаганга, таянганга мүмкүнчүлүк жок. Бардык жактан үчүлүк айрылар соксоюп турат. Кайтадан эң бийиктеги ци энергиясын топтоо керек болгондуктан, аны колума жибердим, ал мага алаканым менен ишенимдүү түрдө үчүлүк айрыны бардык күчүм менен басууга мүмкүнчүлүк берди. Конструкция ордунан козголбоду. Үчүлүк айрынын мизинде турган бутум менен жардам берип, дагы бир жолу аракет жасадым. Дагы эчтеке болгон жок. Бирок мен жеңилүүгө чыдай албайт элем. Эс алгым келди, бирок мен жай баракат байкоого өтүп, анан ци энергиясын башкарууга топтолдум. Колдонгон илимди алмаштырыш керек болду. Сексен градуска чейин бурулуп, мен таянычтын чоң аянтынын эсебинен утууга үмүттөнүп, бүт далым менен жыгачтан жасалган секиченин үстүнө жаттым. Көп жылдар бою таятамдын жетекчилиги астында мен тикендүүлөрдүн, мыктардын, найзалардын, найза түрүндөгү шаймандардын жана дагы башка көп нерселердин кысымына каршы турштук берүүгө жетишип калгам. Бул такай жасалуучу физикалык көнүүгүлөрдүн бири эле: таятам менин денеме найзаны такап, бүт тулку бою менен ага жатчу эле. Жуунуу үчүн колдонулган кургак губка сымал эпке келген булчуң тканын саюу оңой. Бирок губка өзүнө нымды сиңирип алса, серпилгич жана бекем болот. Эгер бүт денеңдин кубатын бир жерге, мисалы, ичиңе топтосоң, териңдин үстүнкү катмары жана булчуңдары ошол эле мыйзам боюнча бекем жана таш сыяктуу катуу болуп калат. Ошентип, машыгуу учурунда, эгер көгөргөн же чийилген такты эсептебегенде, менин денем өтө сейрек жараланчу. Конструкция кыйчылдап, анан менин басымыма козголо түштү, көңүлүм көтөрүлө түшүп, мен аракетимди уланта бердим, бирок азыр менин далыма үчүлүк айрынын курч учтары бата баштаганын сездим. Кайрылып, мен баштапкы биринчи абалымды ээлеп, анан ци энергиясын кайра топтоп, көзүмдү жумуп, оюм менен конструкцияны жылдыра баштадым. Мен таянычымды колума жибердим, анан азыркы бүт денемдин топтолуусу жалгыз гана максаты — жыгачтан жасалган секичени жылдыруу эле. Ал жылды, бирок дөңгөлөктөрү мурдагыдай эле матап койгондой ордунан жылбады. Ушул жерден мен кайрадан медитацияга кирип, өзүмдүн бардык болгон дем алуумдун энергиясын жардамга чакырдым. Мен Лоусини оңтойсуз абалга калтырганга акым жок эле. Ал мени менен сыймыктанышы керек. Күчүмдүн бардыгын бириктирип, мен конструкцияны жарым метрге үңкүрдүн тереңине жылдырып, тиземе жыгылдым — бүт кубатым денем аркылуу ташка өтүп кетти. Пайда болгон тар жылчыктан сойлоп өткөндөн мурун, мен салтанаттуу түрдө жылмайып токтоп калдым. Жогорку чектеги абайлоо менен алдыга жылып, мен үңкүрдүн ичи жарык боло баштагынын сездим. Сыноо аягына чыгып калган эле, бирок салтты билгендиктен, мен дагы тоскоолдуктарды күттүм. Ушул жерден мен абдан ысыган темирдин жытын сездим. Тез эле үңкүрдүн чыга турган жери көрүнүп, мен жаркыраган күндүн нурун жана таятамдын сөлөкөтүн көрдүм. Бирок үңкүрдөн чыга турган жолду чоң казандагы ысыган темирдин таарындысы тосуп турган. Казандын өзү кыпкызыл болуп ысып, көрүнүшү боюнча жүз килограммдан ашыктай көрүндү. Казандан жолборстун темир тырмактары сороюп чыгып, сыртында болсо, менин денемди тытууга даярданган ажыдаардын сүрөтүн көрдүм. Бул болсо эр жүрөктүүлүгүмдү, күчүмдү жана чыдамкайлыгымды сынаган сыноонун корутундусу эле. Мен Лоусинин бетине карадым. Мурдагыдай эле анын кебетеси эчтеке өткөргүс эле. Бирок мен анын кубаттаган көз карашына муктаж эмес болчумун. Мага анын көз алдымда турганы гана керек болчу. Мен тынчтанып, ци энергиясын колумду көздөй жибердим. Бир канча убактан кийин менин колдорум катып жана музга окшоп суук болуп калды. Астымды карап туруп, мен ысыган ажыдаарды колум менен кучактап калдым, шыр эле куйкаланган чачтын жана күйгөн эттин жыты келди, бирок мен үчүн ал эч кандай мааниге ээ эмес болчу. Оору сезилбеди. Мен бүт кубатымды жыйнап, жолборстун зор ченгелиндей колумдун күчүн чогултуп, өтө зор казанды алдым. Жолборстун сунулган тырмагынан өзүмө-өзүм зыян келтирбейин деп, аны мен сунулган колумда кармап бара жаттым. Калчылдасам да ишенимдүү түрдө мен өтө оор казанды үңкүрдөн көтөрүп чыгып, кожоюнумдун астына койдум. Ал күтпөгөн жерден жаркылдап, мени жеңил жылмаюу менен сыйлады. Мен ысыган казандан колумду алдым. Андан мурдагыдай эле медитацияны күч аркылуу суук келип турду, бирок аларды карап, ажыдаар батырган ийиндеримден күйүктүн пайда толгон ыйлаакчаларын көрдүм. Өзгөчө жорук менен Лоуси өзүнүн сыйлаганын жана урматтаганын мага көрсөттү. (Бул жорукту татыктуу каршылаштар, ошондой эле окуучу жана уста бири-бирине көрсөтүшөт). Ал инь жана ян, күн жана айды символдоштурат. Айды элестеткен муштум түйүлгөн оң манжа күндү көрсөткөн ачык алакандын сол манжасынын негизине такалат. Ар бир машыгуунун же урушуунун алдында мен өзүмдүн кожоюнумдун алдында ага берилгенимди ушул жаңдоо аркылуу билдирчүмүн. Азыр турмушта биринчи жолу ал мага карата ушуну жасады. Мен үчүн бул эң жогорку урмат сый эле. Таятам мага кооздолгон кылычты белекке берди. Бул кылыч менин жаңы абалымды символдоштурган. Мындан ары мен кун-фу чебери Ло Фу Цзай элем. 5-бөлүм Ата бабаларым билген күрөш чеберчилигинин чебери болгондуктан Су үй-бүлөсүнүн мурасын кантип сактайм деп ойлочумун, коркунучтар болсо мени чоочутчу эмес. Ар дайым мен аренага чыккан кезде, оюндун бир саамында таятамдын чеберчилиги жана ар-намысы коюлчу. Бул эмгек кыйын болсо да, мага анын ар-намысын коргоого ишеним берилгенине мен сыймыктанчумун. Эң сонун беттешүүлөрдү мен Пакистанда, Карачидеги Ашрафтын мектебинен өткөрдүм. Ашраф жана менин таятам жаш кездеринде Шаолиндин жоокерлери болуп жүргөн кезде түндүк Кытайда кездешчү экен. Экөө тең убакыт өткөндөн кийин белгилүү улуу чебер болуп калышты. Ашраф жекеме-жеке күрөштүн ар кандай техникасын, анын ичинде маймылдын, жыландын, түштүк Кытай ажыдаарынын стилдерин үйрөнүп жана өркүндөткөн. Эки чебер бири-бирин профессионалдык жактан терең сыйлашып, бирок өмүр бою катуу каршылаш эле. Экөөнүн тең күрөш чеберчилигинин өнүгүүсү жана сабак берүүсү боюнча карама-каршы ойлору бар болчу. Эгер мага чейин таятам татыктуу окуучуну таппаса, Ашраф болсо негизинен жергиликтүү дыйкандардын үй-бүлөсүнөн жүздөгөн жаштарды алып, аларды кун-фу күрөш чеберчилигине үйрөткөн. Ашрафтын мектеби белгилүү чөйрөдө таанымал болсо да, Лоуси тоотпой жана Ашрафтын окуучуларынын жүрүштөрүн, ошондой эле урушуу учурундагы техникасын кескин түрдө сындачу. Урушта алар ачууга алдырып, өздөрүн кармана албайт, — деп шылдыңдачу ал. — Алардын кыймылында «нукура сулуулук жана тактык жок». Кантсе да Ашраф Лоусинин курч пикирин кулагынын сыртынан өткөрүп, өзүнүн даңкы жана анык жетишкендиктери менен ыракаттанчу. Жылдар өтүп жатты, бирок Лоуси боло турган жакшылыкка ишенип, беймарал өзүнүн саатын күтүп жаты. Азыр анын сааты келди. Мен аркылуу анын техникасы жана окуусунун методдору Ашрафтыкынан алыс ашарын далилдеп, таразанын ташын өзүнө карай оодаргысы келген. Анык ушуну мага жакын арада далилдеш керек болчу. Улуу чебер Ашрафтын көптү үмүттөндүргөн окуучуларынын бири Раани болчу. Ал көбүнчө маймылдын стилинде чоң ийгиликке жетишкен. — Ашраф сени менен Раани — татыктуу тең тайлашуучусуңар деп эсептейт, — деди Лоуси, качан биз Пакистанга жөнөп жатканда. Раанини көргөндө, мен анын келбетине көңүл бурдум. Ал мендей эле эпсиз жана булчуңдуу көрүнүп, бир айырмасы, — бою бир аз менден бийигирээк экен. Биздин эки окутуучуларыбыз болжогондой эле, биз турнирдин финалында жолугуштук. Турнирге он бешке жакын шамдагай күжүрмөндөр катышышты. Биринчи болуп аренага мен чыктым. Трибунада иретсиз чабылган колдордун үндөрү угулуп, анан жыйылган эл унчукпастан күтүп, тынчып калышты. Лоуси Ашраф менен аянтчанын жанында менден көзүн албай отурду. Мен күтүп жаттым. Бир жыйылган эл учурашуудан жана кол чабуулардан, кыйкырыктан жарыла түштү: жалпы сүйгөн Раани менин алдымдан өз орунун алды. Биз бири-бирибизди ылайык келген жорук менен: бир колубуздун муштумун экинчи колубуздун алаканына такап саламдаштык. Мен каршылашым дордойгон дыйкан кийимчен, жөнөкөй жана шалакы көрүнгөнү менен, бирок жыйылган элге жагып турду. Бул алардын баатыры эле. Зал тынчтанган жок, элдер: «Раани, Раани» — деп таптап ырдап жатышты. Мени эч ким колдогон жок. Мен өз кожоюнумду карадым. Тигил бир калыпта жана ишенимдүү көрүндү. Мындай колдоо мен үчүн жетишкендиктен да көбүрөөк болчу. Денью аттуу судья кандайдыр-бир аябай кичинекей киши экен. Асманга колун көтөрүп, жыйылган элди тынчтантып, андан кийин Раани экөөбүзгө урушууга даярданышыбызды буйруду. Жыйылган эл тынчтанганы менен, көпчүлүгү жаңдашып, өздөрүнүн акча саюусун уланта беришти. Денью алаканын тарсылдатканда кийинки көз ирмемде залдагы бардыгынын көңүлдөрү аянтчага тигилди. Раанинин чабуулун кайтарыш үчүн таманындагы тырмактарын кое бергендей түрдө колумду көтөрүп, жолборстун шамдагай тик турушун кабыл алдым. Урушта аны менен өзүмдүн жакшы көргөн ыкмам жолборс жана кабыландын стилин (кабыландын стилинде кыймылы жана соккусу жолборстукуна караганда үч эсе тез келип, күчү боюнча кийинкиден калып калат) айкалыштырганга ишенгем. Биздин көз караштарыбыз кезигишип, мен жай жана аны акырындык менен Рааниге жакындай баштадым. Тигил аябай жапыз, бир канча бүгүлгөн шамдагай аттын тик туруусун кабыл алды. Менин кол салуумду күтүп, ал ийинин алдыга жылдырып, денесинин салмагын артка жылдырып бутуна алып барды. Анын кыймылын алдыга билүүгө аракет кылып, мен ошол замат анын тик туруусунун алсыз экенин белгиледим. Мындай шалаакы техника үчүн Лоуси мени чала өлтүргөнгө чейин сабап таштайт болчу. Раани буту менен шарылдаган кыймыл жасап, колдорун керилтип жана жеңил секирип, маал-маалы менен бир же эки муштуму менен үстү жылмышпаган жумшак төшөнө менен жабылган полго тийип жатты. Биз бири-бирибиздин көзүбүзгө карап, акырындап жакындадык, жыйылган элдин дымы чыкпай калды. Демдерин ичине катып, элдер алардын сүйгөнү Раани кантип менин айланамда менин сактыгымды тынчытышка аракет жасап жатканын байкап турушту, капысынан ал солго калп кыймыл жасап калды. Мен боло турган сокку кайтаруу үчүн, абалымды оңдогончо, Раани маймыл стилиндеги ыкманы колдонуп, мени кескенге аракет кылды. Ошол эле замат мен абага өйдө көтөрүлүп, анын үстүнөн аша секирдим, бирок ал менин сол бутуман кармап калууга үлгүрдү. Жооп кылып, оң жамбашымдын булчуңдарын күчтүүлүк менен түйүп, мен анын колуна согончогум менен кыска, шарт этип тийме сокку бердим. Биз экөөбүз тең полго кулап түштүк, трибунадагылар биздин андан аркы аракетибизди күтүп тура калышты. Секирип туруп, мен кабыландын тик туруусун алып, көтөрүлүп келе жаткан «маймылды» кыска тебүү сериясы менен чабуул жасадым. Раани ага жаадырган кабыландын соккусунан артка чегинип, тебүүнү жакшы кайтарып жатты. Бардыгы жакшы эле болмок, бирок мына ал аянтчанын чегине чейин жетти. Менин башымда бардыгы аралашып кетти, кандайдыр-бир көз ирмемде мен өзүмдү жоготуп койдум. Кантип эле ал жок эле орун берип койсун? Бирок мага көрүнгөндөй анын буту аянтчанын сыртын баскандай болгондо, ошол замат Раани күтүлбөгөн жерден мага атырылды. Мен ошол замат аны жука чурайын согуу менен тосуп алдым. Бул соккуну алдын ала көрүп, менин оң колумду кармап калууга жетишти. Анын алдоо маневру эң жакшы эле, бирок мен бат эле коркунучту сезе салдым. Мен тез-тез эле кожоюнумдун таягын жегендиктен, Раанинин куулугун таап алдым. Бул базалык секирүүнү Лоуси биринин артынан бирин кылгандыктан, мен анын өтө оорулуу жыйынтыгын өзүмдүн теримде көтөрүүгө аргасыз болгом. Менини каршылашым көз ачып жумганча ылдый жылмышып, анан жеңимден тартып, буту менен жука чурай тарапка сокку берди. Мен абага өйдө көтөрүлдүм, оору чагылгандын соккусундай колдорумдун учуна чейин мени күйгүзүп жиберди. Бир көз ирмемде мен өзүмө келип, оорудан алаксып, спиралдай айланып, бутума турдум. Трибунадагылар таң калганынан катып калышты, ушундай абалда мен тең салмагымды сактап калдым да, бир бутум менен мен аянтчада болуп, экинчиси — тактайдан жасалган секичеде эле. «Маймыл» мени аянтчадан чыгарып жибериш үчүн мага дагы жетти. Мен ийилген көпүрө жыгачтын үстү менен бир нече тез кадам кылдым. Эми калп жүрүштү жасаш менин кезегим эле. Бир жактан бир жакка термелип, мен жука чурайымды кармап, аябай кыйнаган оорудан өзүмдү сезбегендей, бүктөлүп анан жыгыла баштадым. Оору чынында эле чыдагыс болчу, бирок качан «маймыл» көз ирмемде кайрылып, мага кийинки сокку бериш үчүн мени көздөй чуркап келгенде, көпүрө жыгачтын үстүнөн чимирилип, анан бир сокку менен каршылашымдын колуна жеттим, мындан кийин кабылан стилинин ыкмасын колдонуп, Раанини моюнун капталынан согуп калдым. Анын көзү аңтарылып, анан полго кулап түштү. Трибунадагылар бир саамга тыптынч болуп калды. Денью санай баштады: «Бир…эки…үч! Аут!», андан кийин акырында жекеме-жеке күрөштө жеңүүчү катары мени көрсөттү. Көрүүчүлөр кулакты жарган кол чабуулар менен дүркүрөй түштү, мен алардын сый, урматына чындап татыктуу болдум. Менин соккумдан кийин Раани эсине келип, бирок бир нече секунддай башка чапкандай эси ооп отуруп, менин сыйлаган жаңдоомду кабыл алып, эмнегедир түз көз караштан качып жатты. Мен өзүмдүн сыйымды көрсөтүш үчүн Лоусиге жана башка улууларга кайрылдым. Менин кожоюнум тикесинен туруп кол чапты. Бул мен үчүн улуу даражадагы урмат-сый эле. Бир нече ай өткөндөн кийин дагы бир турнир уюштурулду. Биз Лоуси экөөбүз кайрадан Пакистанга жөнөдүк, ал жакка мен Раанинин таякеси Аднан менен жекеме-жеке күрөшүүгө чыгуу үчүн чакырылгам. Уруш тең эмес эле, себеби биз бири-бирибиз менен көпчүлүк жактан тең келишпейт экенбиз, мен аябай бушайман болдум, анткени азыр менин аброюм коркунучта турган болчу. Балким, бул Лоусинин мага дагы бир жолу сабак бергенди каалаган кезектеги амал-айласы болуш керек, Аднан менен болгон жекеме-жеке күрөшүүдө менин жеңишиме ишенгенин биле албадым. Аднан, тоо илегилек стилинин чебери болгондуктан менин алдымда шексиз артыкчылыгы бар болчу. Биринчиден анын урушуудагы тажрыйбасы чоң болчу, экинчиден — эң сонун техникасы. — Бул жекеме-жеке күрөшүү эл алдында эмес, — деп айтты мага Лоуси. Ар кандай жабык эшиктин артында өткөн жекеме-жеке күрөшкө чыгуу — бул зор акча сайыш. Эл өтө зор акча сайганда, бул иште кандай айтса да, бийликтегилер кийлигишкен болоор эле. Аднан анын жээни Раанидей эле жөнөкөй кейипте болчу. Биздин көз караштарыбыз кездешкенде, мага менин каршылашым шамалга кесилген бети чечкиндүү, ыклас койгон жана кара санатайдай көрүндү. Демек, анын кожоюнунун ар-намысы коркунучта, мейли анын тамаша кылбай тургандыгын бардыгы билишсин. Жолборс болгондуктан, мага Аднан менен жакынкы урушта зор кол салуу стилинде алып жүрүшүм керек болчу. Ошол эле учурда түз контакттан качыш үчүн ал илегилек стилин тандап алаарын мен түшүнчүмүн. Ал кууланат, ойт берет, менден качат, андан кийин өзүн алыстыктагы негизги соккусун берет. Кыскача айтканда, жагымсыз нерселер мен үчүн бул жерде жетиштүү эле. Мен жолборс менен илегилектин аралашкан стилин абдан кынаптап машыга баштадым. Менин эч качан бул карама-каршы стилдеги урушта бири-бирине каршы урушкан жоокерлерди көргөнгө мүмкүнчүлүгүм болгон эмес. Ушундай эле болуп чыкты. Мен чарчабастан Аднандын артынан кууп жүргөндө, тигил абада учуп жүргөндөй көрүнүп, менин «кое берилген тырмактарымдан» жеңил качып жүрдү. Мен Аднанды көп эле күчтүү уруп жаттым, бирок каршылашымды жеңе албадым. Тактикам мени оңтойсуз абалга калтырып жаткандыктан, уруштун жүрүшүндө кайтадан жаңыча түзүүгө туура келип жатты. Менин олку-солку болгонумду байкап, тобокелге салды. Менин соккумдан көркөмдүү кайрылып кетип, ал «илегилектин канатын» колдонуп, мени көзүмө жеңил согуп жиберди. Көз ирмемге сокур болгондуктан, мен кырдаалды текшерүүнү жоготуп койдум. Бийик, арык «илегилек» ушундан пайдаланып калды. Полдо жатып алып, колдору менен таянып, ал бир бутун тизесине бүгүп, башкасы менен шыпыруу кыймылында мени бутумдан уруп кетти. Менин буттарым анын көкүрөгүнөн бийик көтөрүлө түштү, андан кийин Аднан бардык өзүнүн салмагы менен мага жыгылып түштү. Далымдын жана ийинимдин өйдөңкү бөлүгү менен жерге тийип, мен полго кулап түштүм. Кандайдыр бир көз ирмем аркылуу мен Лоусинин аянтчанын жанындагы өз ордунан кандайча секирип турганын көрүп калдым. Мен окутуучумду уятка калтырганга эч кандай укугум жок болчу. Бир көз ирмем — коргонуу тик туруусун кабыл алып, мен бутума тура калдым, бирок Аднан мага дагы чабуул жасады, мага бир дагы секунд эс алганга убакыт бербей, «илегилек» менин башыма серия соккусун узатты. Ал менин айланамда учуп жүргөндө бардык күчүм менен ориентациямды жоготпоого аракет кылып жаттым. «Илегилектин» соккусунан менин башым катуу айланып жатты, бирок ушул жерден менин кыжырым кайнап кетти. Аднан мага дагы бир жолу жакындап келгенде мен күтүлбөгөн жерден аны оң колум менен кол билегин кармай калып анан катуу кыстым. Бул кармоо Аднан үчүн такыр күтүлбөгөн нерсе эле. Ал ооругандан кыйкырып жиберип, андан кийин чукул башка колун ыргытканга шашты. Мен чекке жеткен аттын ылдыйкы тик туруусун алып, мындан кийин «илегилектин» колун далысына бурап, бир эле убакта анын тепкисин кайрыдым. Каршылашымдын колун уламдан улам күчтүүрөөк бурап, мен аны эңкейгенге мажбур кылдым. Акылга сыйбас өкүрүк менен Аднан ооруга чыдап, тизесине жыгылды. Ал: — Жеңилдим! Жеңилдим! — деп кыйкырып жибергенге чейин ага эрдик менен чыдады. Биз таятам менен кечирээк жолукканда, анын көзүнөн мен мурда көргөн шок от жылт этти. Ал өз чапанынын чөнтөгүн чапкылап койду. Менин жеңишим таятама анын жылдык кирешесин алып келгени мага белгилүү болду. Ошондо мен, ал мага акча сайып жатып, өзүн эч качан шылдың кылбай турганын түшүндүм. Англияга кайрылып келип, мен мырза Чжандын мектебинде иштөөнү уланта бердим. Атам көз алдымда начарлай берди, мага аны көтөрүп, анан сейилге алып чыгууга туура келчү. Атам мурдагыдай тез-тез үйдө жок болоор эле. Кандайдыр-бир убакыт алар менен жашап, мен өзүм үчүн алардын мамилесин талдай баштадым. Алар таңкалгандай жуп көрүнөөр эле. Экөө тең Англияда туулуп, бирок катуу сапаттагы италиялык жана кытайлык маданиятта тарбияланышкан. Эки үй-бүлө тең алардын союзуна катуу каршы болушуп, эки тараптан тең аларды айдап жиберишкен. Алардын маданиятында окшоштукка караганда айрымалангандык көбүрөөк эле. Апам мурдагыдай эле өзүнүн ата-теги менен сыймыктанчу, анан анын бой көтөргөн жүрүш-турушу айланадагыларды өзүнөн түртүп турчу. Апам назик сезимдүү келип, кооз, көрктүү кийингенди жакшы көрчү, бул аны өзүн эркин кармоого мүмкүнчүлүк берчү, бирок атам ооруп калып, иштей албай калганда, ага кеңири бутта жашоого болгон аракетин жыйыштырууга туура келди. Канткенде да анын мурдакы көнгөн адаттары жоголгон жок, анын Найтсбридждеги жана Риджент-стриттеги кымбат дүкөндөргө баргандары эле күбөлөндүрүп турчу. Бирок ага баары бир арзан муниципалдык квартирага кайрылып келгенге туура келип, шаардык кеңеш берген кошумча акчага таяныш керек эле. Башка ылаажы жок болду. Убакыт билинбей өтүп жатты. Мырза Чжан бир нече жолу менин айлыгымды көбөйттү, себеби мектепте менин жумушум уламдан-улам көбөйө берди. Өзүмдүн бүт айлыгымды мен ата-энеме берчүмүн. Айтышка туура келет, менин чет мамлекетке барышымды КЭАФ төлөп турчу. Ушуга чейин мен жеңилбеген жоокер болгондуктан, КЭАФда менин келечектеги карьерама белгилүү кызыгуу көрсөтө баштады. Жакын арада мени кун-фу боюнча дүйнөлүк чемпионаттарга катышууга макулдатышты. Адегенде бул идея мага абдан деле жаккан жок. Көпчүлүк кун-фунун Улуу чеберлери КЭАФнын калкасында өткөн чемпионаттарды кабыл алгысы келбейт. Өзү аталгандай — чемпионат — кун-фу күрөш чеберчилигине эч кандай тиешеси жок. Чеберлер өзүнүн окуучуларын мелдешке бир гана максат менен жиберет: уруштун техникасын өркүндөтүү үчүн. Эл аралык таануу, кошоматтык жана кулдук уруучулук Улуу чеберлердин көзүнө эч нерсеге турчу эмес. — Дүйнөлүк чемпиондун наамын, мен үчүн, кекирейген, кербезденген уятсыз тип алып жүрүшү мүмкүн, — дедим мен өзүмдүн досум Кингслейге, биз мырза Чжандын мектебинен үйдү көздөй кайтып келе жаткан кезде. — Мен өзүмдүн окутуучум Лоусини даңкташ үчүн эле мелдешемин. — Макул эми… Сага эмнеге турмак эле? Кел макул бол… сенде өзүңдүн окутуучуңду бүт дүйнөгө даңкташка мүмкүнчүлүк болот! Кингслей катуу кыйкырып, анан күлкү менен мени капталга түрттү. — Анан, Тони, ойлосоң, он миң фунт акчалай сыйлыкты эмне кыласың сен. Же сен ойлоп койдуңбу? Кингслей бардык абалда мени күлдүргөндү билчү. Балким ал туурадыр. Муну Лоуси менен талкуулаш керек экен. Мен дүйнөлүк чемпионатта үч жыл катары менен катыштым: бир жолу — Тайландда жана эки жолу — Гонконгдо. Буга окшогон таймашуулар — бул такай «контактсыз» уруштар, мындайча айтканда алар «контактуу» уруштан айырмаланып, оору келтирбеген ыкмалар менен алынып барылат. Ошентип, эч ким олуттуу жараат албайт, жоокерлер толук түрдө өздөрүн текшеришет жана эң сонун техниканы көрсөтүшөт. Ар дайым үч жыл аралыгында мен биринчиликтин финалында өтө тажрыйбалуу жоокерлердин төртүнө кирген элем. Мындан мен анык ыракат алчымын. Ли Чжан По Сяндан, атактуу Улуу чебер Гок Сю Фундун окуучусу, бул менин каршылаштарымдын ичинен эң коркунучтуусу эле. Ушул жылдары биз бир нече жолу аны менен будда храмдарында ар түрдүү көрсөтмө чыгууда жолугушуп жүрдүк, ошентип бизде бири-бирибизди терең сыйлоо сезими туулду. Сөз бири-бирин сыйлоо жөнүндө болуп жатканда, анда тең талашуу сезимине орун калбай калат. Биз экөөбүз тең бирдей катаал окутууну өткөнүбүздү түшүнчүбүз, ошондуктан кайсы беттешүү болбосун бирдей максатта чыкчубуз. Биздин беттешүлөр катуу сценарий боюнча өтчү да, эки жыл катары Ли Чжон Пону жеңип жүрдүм. Мен катышкан үчүнчү жолку дүйнөлүк чемпионатта Ли Чжан По болгон жок. Ошондуктан эң акыркы жолу мен өзгөчө күч коротпой эле жеңип алдым. Акчалай сыйлыкты менин таятама ыйгарышты. Таятам, албетте көп бөлүгүн мага салып жиберди, мен болсо, өз кезегимде олчойгон бөлүгүн өзүмдүн ата-энеме бердим. Анык ушул кезде мага башка жумушту — КЭАФтин өзүндө иштегенди сунуш кылышты. Мен бүт дүйнө жүзүн кыдырып, кун-фу мектептеринин иштерин текшерип, ар жерде болгон окутуучуларды каттоодон өткөрүп жүрдүм. Билимиң менен тренингди шайкештирип, кун-фу күрөш чеберчилигинин чыныгы жолунан бурулбоо — мына КЭАФтин негизги камкордугу. Уюмду каржылоо негизи анын калкасында түзүлгөн кароол агенттиктеринин эсебинен жүрүп, алардын кызматтары мыйзамдуу өкмөттөргө, уюмдарга жана жеке инсандарга, жеке кайтарууга муктаж болгондорго сунуш кылынат. Ошондон көп өтпөй КЭАФтин штатына кабыл алышты, мен жаңыларга кол урушунун ыкмаларын үйрөтө баштадым. Айлыгымдан башка дагы мага ар түрдүү жеңилдиктер каралган. Мага жаман эмес акча төлөшүп, мотоцикл жана Швейцариядан кызматтык аянт — Женевада рю де ля Конфедерасьондун башкы окуу корпусуна жакын жерден квартира беришти. КЭАФ негизинен мурдагы аскер кызматчыларынын катарынан окуучуларды кабыл алышкандыктан, мен бул жерден ар түрдүү улуттагы жана коомдук абалдагы элдер менен тааныштым. Булар катуу балдар болушчу, көпчүлүгү франциялык Чет элдик легиондон, британ армиясынын десанттык-диверсанттык армиясынан жана америкалык куралдуу күчтөрүнөн эле. Алардын бардыгы уруштун даярдоо курстарын өтүшүп, салгылашуунун ыкмаларын колдоно билишчү, ар кандай уруштук техникалар жана куралдар менен колдонгонду билишчү, бирок окуу жана тренинг КЭАФтин рамкасында алардын коргоонунун бардык түрлөрүн профессионалдык машыгууларга өркүндөтүү максатын, кароолдун ар түрдүү объектилерин, өзүнчө адамдарды коргоо максатын көздөшкөн. Бул жигиттердин баары, баарынан мурда дүйнөлүк элитаны, аябай бай жана кудуреттүү адамдардын коопсуздугу үчүн жооп беришкендиги турган иш. Менин шакирттеримдин ар бири өз убагында аскердик окуу базасында атайын даярдоо курсун өтүшкөн, бирок менин милдетим аларга коркунучтуу кырдаалда кол менен салгылашуунун эффектүүлүгү кем эмес экенин көрсөтүш керек болчу. Менин көп жумаларым аларга кол менен салгылашуунун негизги ыкмаларын үйрөтүүгө кетти. Алар каршылашы менен тикеден-тике контакт болгон кезде, туткундарды бошотууда, жарышууда жана куугунтуктоодо, аларга ишенип берилген кишилерди сактоодо катышуу менен профессионалдык ыктарды иштеп чыгышкан. Убакыт өткөн сайын биздин арабыздагы мамилежолдоштук иретте болуп бара жатты. Кун-фу күрөш чеберчилигин мен үйрөткөн чечкиндүү жигиттер, убактыларын жолдоштук кечелерде өткөргөндү сүйүшчү. Окуудан бош болгон сааттарыбызды биз жергиликтүү клубдарда жана барларда өткөрчүбүз. Көпчүлүк биздин жигиттерибиз наша менен тентектик кылышса, эси оогончо ичип алышса, мен мындай кумарлануудан таза айрылгам. Айтыш керек, ушундай шартта дагы мен жеке даярдыкка беш-алты саат көңүл бөлчүмүн. Мага бийиктикте болуш керек эле, муну таза туптунук баш менен гана жасоого мүмкүн эле. Ошону менен бирге эле жан сактоочунун турмушунда көп нерселер мени өзүнө тартчу. Мисалы, сенин бүт жан дүйнөңдү ээликтирген коркунучту сезүү. Мындан башка, жан сактоочулар дүйнөдөгү эң бай болгон маанилүү кишилердин айланасында көп болгондуктан, алардын карамагында да кардарлардын турмушундагы салтанаттуу жашоого керектүү нерсенин бүт бардыгы болчу. Канадалык Жин Ломм мага боорукер дос болуп калды. Бул узун бойлуу, ачык жылмайган, тармал коюу чачтуу, анан дагы тамаша кылганды жакшы көргөн жигит эле. Мурун ал француздук Чет элдик легиондун окуу базасында даярдыктан өткөн, андан кийинки жылдары ар кандай коргоо кызматтарындаагент болуп иштеген. Бир күнү биз Жин менен кечинде кечки тамакка жөнөп калдык. Биз менен дагы бельгиялык жигит Саша, жана Индиядан Мохаммед бар болчу. Мен боюмду бош таштап, эч нерсени ойлобой, алардын калжырактарына кулак төшөп отурдум. Жигиттер бири-бирине өздөрүнүн мырзалары тууралуу айтып берип жатышты. — Мына жол болсо ушинтип эле жол болот экен! — деп мактанып жатты Жин. — Маврикияда үч ай суу жээгинде болдум. Адамга дагы эмне керек? Океандын жээгинде заңгыраган үй, яхта, «ягуар» же «БМВ-7», тандаганыңды ал. Эң жакшы жумуш! — Сен ушуну жумуш деп жатасыңбы? Бекер сөз мунун баары! Сен андан көрө иш жөнүндө айтчы, — көкүттү Жинди Мохаммед. — Яхтанын палубасында киндигиңди ысытып… мен эриккенден өлүп калат элем! — күлүмсүрөдү ал. Жин таарынгандай түр көрсөттү . — Кантсе да, эстей турган нерселер бар. Кожоюн олуттуу бизнесмен болгон… — Кана, албетте …мелдешем, эң кызыктуусу, кожоюн сага сууга сүзүш үчүн кайыкты түшүргөндү тапшырса керек! — Мен мылтыкты трусийимдин ичинде кармасам керек да ээ? — Жин куралды алып чыгып жаткандай түр көрсөтүп, анан элестетилген тапанчаны Мухаммедди көздөй такады. Тигил каткырып күлүп жиберди. — Мырзалар тынчсызданбоону суранып жатат! Бүт өзүмдүкүн өзүм менен алып жүрөм, — деп кошумчалады индеец, өзүнүн төш чөнтөгүн чапкылап. Жан сактоочу, эреже катары, кандай гана шарт болбосун куралынан ажырабайт. — Тони, укчу… А сен эмнеге чоочулайсың? — деп сурады Саша башкаларга көзүн кысып. — Сен ырас эле ушу тренинг менен бодяганы таштагың келбейби, олуттуу ишке киришкиң келбейби? — Ал чын айтат, — деп макул болду Мохаммед. Сен өз убактыңды бекер коротуп жатасың. Сен болгон бардык бай жалгыз бой айымдарды, аларды сага окшогон жакшынакай бала кайтараарын уктап жана туруп да көрүп жатышканын ойлоп гана көрчү. Бардыгы көңүлдүү күлүп калышты. — Оо, албетте жигиттер, мен силерге окшоп ушундай айымдарга модалык аксессуардай болгонду жөн эле кыялданам, — деп жылмаюу менен жооп кайтардым мен. Сүйлөшүү бат эле бриллианттуу сөйкөлөрү же норка тондору менен сылаң короздонгондой эле жан сакчылары менен сылаң короздонгон бай аялдарга жетти. Бирок, бардыгы андай жеңил эмес эле. Мен түшүнчүмүн, бул элдердин бардыгы, тамашасы жок, чынын айтканда, иш чаралардын жана дүйнөнүн масштабындагы адамдарды да коргоону камсыз кылганга катыша алат болчу. Бул балдарды уялбай туруп, нечен ирет таза абийирибиз менен профессианалдуу элита деп атасак болот, ошондой эле үйрөтүлгөндөр террордук чабуулдун учурунда жаза алуу куралы болуп, өзүнө толук жоопкерчиликти алганга, дүйнөдөгү атактуулардын, дипломаттардын, королдордун үй-бүлөсүн жана чоң мансаптардагы өкмөттүн чиновниктерин коргоону камсыз кылганга толук жөндөмдүү эле. Ооба, мен алардын жумушун бардык толуктукта элестете алат болчумун.КЭАФ менин коргоо структурасына өтөм деген чечимди колдоп жана менин окуумду, ошондой эле жансактоочунун квалификациясын алууга керектүү бүт тренингди төлөп беришти. Көптү үйрөнүүгө туура келди. Мен тажрыйба түрүндө ата турган куралдын түрүн жана системасын билчү эмесмин, бирок түзүк эле аткыч болуп чыктым, ошондой эле жакын арада ар түрдүү куралды колдонгонду үйрөнүп калдым. Биз оптикалык прицели менен мылтыкты (снайперге каршы операция үчүн), ылдамдыкта ата турган жарым автоматтагы карабиндер менен (алыстыктагы бутаны жок кылыш үчүн) он экинчи калибирдеги бытыралар жана өзгөчө ар түрдүү кол менен атыла турган куралдар менен тапанчалар жана револьверлерди колдонгонду үйрөндүк. Ошентсе да, мен өзүмдү кол менен салгылашууда ишенимдүү сезчүмүн. Мен муздак куралды дайыма жогору баалоочумун. Бул жагынан биздин инструктор менен менин көп окшоштугум бар эле, нечен ирет бизди бычак менен жана башка муздак, сая турган, анан кесе турган куралдарды туура колдонгонду үйрөткөн. Анын туулган жери Бирма, ошону менен бирге мендей эле ал дагы ушуга окшогон окутууну, даярдыкты бала чагынан өткөн. Бул жерден айта кетиш керек, атактуу кун-фу күрөш чеберчилигинин жолборс стили байыркы Бирмада жаралган, андыктан бул инструктордун мага тез-тез блокту жана жолборстун чабуулун, бычак же мачетени колдонуу менен көрсөтүү бергени таң калычтуу эмес. Мындан тышкары, мен автомобилди коркунучсуз айдоо, тышкы байкоо жүргүзүү, коркунуч сигнализациясынын системасын тейлөөнү, парамедицинаны, эл аралык кылмыш укугун, терроризм менен күрөшүүнү, жардыруучу буюмдары менен иштөөнү жана башка тартиптерге үйрөткөн курсту бүттүм. Көп жана туруктуулук менен окууга туура келди. Өзгөчө жазуу иштери көп болчу. Мындан башка, биз чет тилдерин негиздеп үйрөнчүбүз. Мен бул кыйынчылыктардын астында артка чегинген жокмун, бардык сабактардан жогорку бааларды алчумун. Убакыт бат өтүп, мына мен жан сакчынын антын бергенге даяр болдум. Биздин девиз — «Deum Solem Timidus» (Бир Кудайдан коркобуз) — менин жылмаюумду келтирчү: мен деген эч кандай Кудайдан коркчу эмесмин, менин ички кудайымдан башка, Кудай мен үчүн жок болчу. Менин Уинстон менен болгон жумушум, биринчи машыгуу жумушу болуп калды. Чикагодо төрөлгөн, ал тажрыйбалуу жан сакчы болуп, көп жылдар бою бир эле айымда кызмат өтөгөн. Диана айым өтө бай, оокаттуу, Швецарияда жашаган голландка эле. Мен биринчи жолу анын бийик тоодо жашынган резиденциясын көргөндө таң калып, селдейе түштүм. Мындай сонундукту жана байлыкты мен бир жолу да көрбөптүрмүн. Кантсе да Диана айым бир далай түнт турмушту өткөрөөр эле. Ал жашына карабастан жетилген, Грегори аттуу баласы менен жашап, анан дагы үй кызматчыларын кармаар эле. Дүкөндөргө сейрек баргандан жана искусство чыгармаларынын көргөзмө-сатууларына катышкандан башка, ал эч жакка чыкчу эмес. Уинстон менен иштеген жагымдуу эле. Мен андан көп нерсеге: коргоо жана коопсуздукту камсыздоого, тышкы көзөмөлдөөгө жана керектүү кишилерди кескин кырдаалда тикеден-тике коргоого үйрөндүм. Диана айымдын үйүндөгү чындык абалга токтоло кетсем, мен тез эле түшүндүм, уулун тарбиялоодон четтетилген күйөөсү негизги коркунучту алып келет экен. Бирок, аларда Уинстон иштеп турган кезде буга окшогон нерсе болгон жок. КЭАФнын жетекчилери Диана айымдын резиденциясындагы практикалык үйрөнүүм окуу программасы талап кылгандай салыштырмалуу анча чоң эмес коркунучка байланыштуу деп эсептешчү. Мен чыдамсыздык менен ошол күндү, качан толук топтолгон, беш пост менен тышкы текшерүүнү жүргүзгөн, объекттин коопсуздугун камсыз кылган топ менен иштегенди күтүп жаттым. Топтун жетекчиси болуу ушуга окшогон кырдаалда баардыгынан коркунучтуу, анткени жетекчи дайыма жалданган киши өлтүргүчтөрдүн башкы бутасы болуп калат. Канча бир убакыт өткөндөн кийин Уинстонду башка объектке которуп жиберишти, мен жалгыз калдым. Бир жолу мен башкы дарбазада турган кароолчудан рация боюнча билдирүү алдым. — Тони, сен билишиң керек, бул жерге үй-чарбасы боюнча бир нерселерди жеткиришти. — Жеткиришти? Эмнени жеткиришти? — Мен билбейм. Ак фургон жакын келди — кир жууган жерге дейби же ошого окшош сыяктуу. Алдында ак халатчан эки жигит отурат. Эми, сен түшүнөсүң, мен эмне жөнүндө… — Мен билбейм. Алардын ким экенин жана эмне кааларын билгин. Ушул сөз менен, бул күнү буга окшош эч нерсе белгиленген эмес экенин так билсем да, мен бул жумада боло турган иш-чаралардын тизмесине көз жүгүрттүм. — Кечирим сурайм,Тони, бирок мен аларды кое бердим. — Келесоо! Сен эмне жөнүндө ойлойсуң?— Менин кыжырым келди. Диана айым үйдө жок, Грегори болсо экинчи кабатта өзүнүн au pair[10] менен. Мен ушул эле жерден аларды көздөй жулкундум. — Ушул жерде калгыла, анан бул бөлмөдөн бир да кадам жылбагыла!— деп корккон кыздын бетине карай бакырып, анан бүт теоретикалык даярдыкты жана протоколду каптал жакка ыргытып, тепкич боюнча ылдый чуркаган бойдон жөнөдүм. Албетте, мага бала менен калыш керек болчу жана тезинен полицияны чакырыш керек эле, бирок мен баарынан мурда ниети бузуктар жөнүндө ойлондум. Мен алдыңкы эшикти ачканга жетише электе эле, менин бетиме караган кош ооз куралды көрдүм. — Биз балага келдик,— деп айтты француз тилинде сүйлөгөн куралчан адам. — Мен эшиктин артын карай албадым, ошондуктан анын далы жагында дагы канча курал бар экенин түшүнө албадым. Дарбазанын жанындагы кароолчу айткандай, фургон ак халатчан эки эркек менен жакын келип токтоду. Мен алдымда турган бандитти көз карашым менен теше тиктеп, башкасы анын артында, сол жакта турганына ишенип турдум. Калгандары фургондун ичинде жашынып турган болуш керек. Мага батыраак ойлонуш керек болчу. Мен алдыга кош оозду көздөй жулкунуп кирдим, бул болсо эшиктин оюгун тазалаганга мүмкүнчүлүк берди. Менин эсебим туура болуп чыкты: менин алдымдагы бандит атканга жетишпей калды, бул мага көз ирмемге ал-акыбалды баалоого мүмкүнчүлүк берди. Бирөө сол жакта, дагы үчөө — оң жакта турган. Ошол учурда алар мага куралсыздай болуп көрүнгөн, кантсе да экинчи бандит — тигил, сол жакта турганы, — бир нерсени кармап тургандай болгон. Кескин сокку менен мен өзүмөн нары куралды түртүп жиберип, көз ачып-жумганча аны түз биринчи бандиттин бетине бурдум. Экинчиси мээлегенче, мен бутум менен ушунчалык соккондуктан, анын револьвери оң жактагы үчөөсүнүн баштарынан учуп түштү, өзү болсо эс учун билбей жерге кулап түштү. Бул мен жактан болгон натыйжасыз, сабатсыз жасалган жүрүш эле. Азыр алардын куралга созулуп жете ала турганынын ар бири мени ары-бери эле жайлап салышмак. Кош ооздун кундагы менен мен биринчи бандитти бетине соктум, анан калган үчөөсүнө, муштумум жана согончогум менен маймылдын стилинде сокку бердим. Үчөө тең жерге кулап түштү. Үчөөнө күчүм жеткенден кийин, мен биринчи уруп жыккан кара ниет кантип мүдүрүлө, куралга умтулуп жатканын байкап калдым. Жерде жаткан бандиттердин бирөөсүнүн далысына секирип жана аны менен платформа катары колдонуп, мен экинчи бандитти кескин желкесине «жолборстун чеңгели» соккусу менен жеттим. Башкалары жерде, оорууга чыдабай жыйрылып тырышып жатышса, тигил болсо кулап түштү. Кароолчу ушул мезгилге чейин бир нерсе жаман иштен шекшинип, рация боюнча ашкана менен байланышты. Ашпозчу полицияга телефон чалды. Полициялар келген кезде онтогон жана майып болгон бандиттер үйгө бара турган тепкичтерде жатышкан эле. Мен аларды колумдагы олжого түшкөн курал менен кайтарып тургам. Мен өзүм менен сыймыктана албайт болчумун. Мен кам көргөн кишимди калтырып койдум, ушуну менен жан сакчынын биринчи мыйзамын буздум. Дагы эле бала бойдон, мен өтө эле өзүмө ишенип жана урушка жулкунуп турчумун. Эгер бардыгы башка сценарий менен кетсе, бардык үй-кызматчыларына олуттуу коркунуч туулмак. Мындай кырдаалда инструкцияны бузуу эч кимге мүмкүн эмес эле. Бул жеңил сабактардын бири эмес, бирок мен аны бекемден-бекем, бир жолу жана түбөлүккө сактап калдым. Кийинки жылдардын ичинде мен кызматтын шатысынын тепкичи менен тез эле көтөрүлө бердим. Менин кардарларымдын көбү такай уурдап кетүү, өч алуу же өлтүрүү коркунучунда жашашаар эле. Бирок мен дайыма татаал кырдаалдан ар-намыс менен чыккандыктан, кароол бизнесинде КЭАФнын башкы кызматчыларынын бири болуп калып, дүйнөдөгү эң беделдүү адамдардын өзгөчө тапшырмасы боюнча иш-аракет жасадым. Бир нече айлар бою мен америкалык Уильям Блэк менен иштедим. Бул ишкердүү, туура ойлогон адам эле. Ал Манхэттендин ортосундагы асман тиреген курулушка өзүнүн капиталын салган. Мен анын башкы жан сакчысы болуп калдым. Ал мени өзүнүн «көрсөткүчү» — деп атаганды жакшы көрчү. Балким, бул себептен, көнүмүш адат боюнча сүйлөшүп жаткан адамды сөөмөйүм менен көрсөтүп сүйлөшкөндүктөн айтса керек. Ал жөнүндө — тигил же башка жолугушуунун кайсынысы болуп өтөөр жагдайдан баштап, буга чейин, бул күнү эртең мененки тамакка, бутербродго кайсы нанды анын тандаарына чейин билиш менин милдетим эле. Өзгөчө статья — аялдар. Уильям оңдолгус донжуан болчу. Менин өтө ачуумду келтиргени, анын интригалары далай ирет анын эле иш пландарын бузгандыктан, мага күндүн ичинде анын эңсөө көңүлүн алам деп биздин маршрутту алмаштырганга туура келчү. Ушунун баары түйшүктү жана баш ооруну мага эле эмес, бирок биздин команданын башка мүчөлөрүнө да алып келер эле. Каякка жана кайсы жумуш менен бара жатканына байланыштуу, анын жан сакчыларынын саны да өзгөрүлүп турчу — бул мен бирге иштеген шеригим менен, же менин кол алдымдагы беш кишиден турган бүт топ эле. Негизинен менин коргогон кишим Кошмо Штаттарда жүргөн кезде, ал салыштырмалуу коопсуздукта болчу. Бирок, анын буту учактын шатысынан бөлөк жерге тийер замат эле, ар кайсы чатак ишке заматта эле дуушар болоор эле. Бай, бакыбаттуу, жогорку рангдагы бизнесмен үчүн, өзгөчө бул учурда, саясаты ачык түрдө Америкага каршы мүнөздүү өлкөгө туш болгон учурда коркунучтуу болот. Бир жолу мен Уильямдын жеке катчысынан билдирүү алдым. Анын кишилери ага ишке байланыштуу жолугушууну Сауд Аравияда уюштурушуптур. Кыскача катты окуп, мен үстөлдүн үстүнө ыргытып жибердим. — Эмне, чатак ишпи?— деп сурады менин кызматташым Генри. — Бизди Сауд Аравияга жиберип жатат. Даярданганга — бир жума! — мен кыжырданып жооп бердим. — Бул ойго келбегендей аз. Алар эмне ойлонушпайбы? Ошол кечте, мен жумушта кармалып жана коркунучту баалап, Уильям Блек менен Сауд Аравияда эмне балээ болот деп, алдын ала прогноз түзүп, кечке чейин ал жакта отурууга туура келди. Уильям Эр-Рияда саясий жактан таасирдүү инвесторлор, таанымал чуулгандуу эки бир тууган Фахалилер менен жолугушмакчы. Бир туугандар, мындан бир нече ай мурун ага караштуу фирманын бири Уильямдын уюму тарабынан жутулуп алынганына байланыштуу кейип жатышкан эле. Алар аны үй-бүлөнүн мүлкүн кайрып алуу максатында түз сүйлөшүүгө чакырышкан. Менин боссум бир туугандар менен пайдалуу келишимди бузгусу келген жок, бирок бүт маселе, “жутулуп алынган” фирма башкага сатууга коюлуп калгандыктан чыккан эле. Кыскача айтканда, арт жактагы жолдун баары кесилип калган болчу. Сүйлөшүүлөргө киришиш керек болчу, Уильям болсо колу жана буту менен байланып калган эле. Мындай фамилиялык кызыгуу менен ысытылган бизнес, менин кардарымдын капталынан чыкты окшойт. Мен жаңы тапшырма, албетте, өзгөчө бул Жакынкы Чыгыштагы өлкөдө жогорку коркунучта ээрчий жүрөөрүн эң жакшы түшүнчүмүн. Менин элестетүүм боюнча, биз айта алгыс душмандын чөйрөсүнө жөнөп жатсак керек. Мен өзүмдүн башчыларыма кичинекей катчадагы билдирүүмдө буга таяныч жасадым, Сауд Аравияга пландаштырылган барып келүү менин кардарым үчүн аябай коркунучтуу башталган иш. Баарынан мурда мен анын жеке коопсуздугун камсыз кылышым керек. Мен жыйынтыктаганда келерки сүйлөөшүүлөрдү, эгер анда Уильямдын өзүнүн катышуусун чыгарып таштай албасак, анда бейтарап аймакта өткөрүүнү сунуш кылдым. Ошол кырдаалда, эгер жолугушуунун жерин өзгөртө албасак, менин тобум Сауд Аравияда босстон эрте келиши керек, канчалык тезирээк болсо, ошончолук жакшы эле, анткени керектүү текшерүүлөргө жана уюштурууга көп убакыт керек болчу. Мен ошол эле күнү факс боюнча жооп алдым. Менин баяндоомду Уильямдын юридикалык бюросуна жиберишти, бирок ал жактагылар көңүл бурушпай койду. «Мырза Блэктин кеңешчилери бир туугандар Фахалилерге таасир кылуучу рычагдар (алардын компаниясынын өздүк капиталы жана заемдук каражаттар арасындагы катыш) жетишерлик күчтүү жана азыркы ишкананын коркунучу чоң эмес, — деген жоопту алар беришти. — Ошентип, КЭАФнын кожоюн Блэк менен болгон контрактын коркунуч астында калтырганга эч мүмкүн эмес, биз сиздерден Сауд Аравияга, кардарды коштоого шашылыш иретте даярданууңуздарды суранабыз». Албетте, мен ушул эле жерде ачууланып, Швейцарияга, Сандра Зэплге факс жаза салдым. Атап айтканда, биздин офис менен ал аркылуу, чет элдик саякатты уюштуруп жана оперативдүү көзөмөлдөөнүн суроолорун билинер билинбес айрымалыктарын талкуулоодо байланышты кармап турчумун. Андан кийин мен телефондун трубкасын жулуп алып, Генрини мүмкүн болушунча тезирээк келишин буйрудум. — Салам, кымбаттуулар! — трубкадан Сандранын үнү угулду. Биз Генри экөөбүз бири-бирибизге күлүмсүрөп гана койдук. Биздин эч кимибиз Сандранын өзүн көргөн эмеспиз. Бирок анын үнү дайыма сергек жана көңүлдүү чыкчу, ошондуктан биздин арабызда — тиричилик иши — көңүл оорутпаган флирт. — Кутмандуу күнүң менен Сандра, — деп жооп бердим мен, анан тамашалуу тон менен: мына чатак иш башталды да, бирок биз сени менен бул ишти чечишибиз керек. — Ооба, менин сүйүктүүм, бирок бизге эмне буйруса, ошону аткарабыз. Биздин ушундай жин тийгендей кардарларыбыз болсо, мында эмне демек элек. — Болуптур, Сандра, биздин иштерибиз көп, — дедим мен, ишке өтүп жатып, — Блэктин кишилери бүт топту алганга бизге уруксат бербейт, ошол үчүн Эр-Риядага биз Генри менен жана Блэктин эки коллегасы менен жөнөйбүз. — Алар, мүмкүн, кандай окуяга дуушар боолоруна түшүнүктөрү да жок болушу керек, — деди Генри күлүмсүрөп. Биз тез жана чечкиндүү аракет кылышыбыз керек, кырдаал кызып кетиши мүмкүн, а биз экөөбүз элебиз. Генри жакшы жолдош жана професианалдуу жан сакчы эле. Гурктардан[11] базалык даярдыкты өткөргөн, түбү напалдык англичанин эле. Ал менден бир топ эле бийик жана бекемирээк эле, мындан сырткары, анын артында өтө бай тажрыйбасы бар болчу. Мен анча — мынчаларга эле ишенчүмүн, Генри ушундай кишилердин бири эле. Биз Сандра менен алдыда турган жумуштун майда-чүйдөсүнө чейин талкуулап, ар бирибиздин милдетибизди так аныктадык. — Бизде жергиликтүү элдин ичинен агентибиз бар — Абдулла Алькаф аттуу жигит, — деп билдирди Сандра. — Мен силерге анын сүрөтүн почта аркылуу жиберем, бирок эсиңерге туткула — анда жаңы түргө өтүү таланты бар. Сыртынан бул жигит жөнөкөй дыйканга окшойт, бирок ал силерге — дим-самдан[12] баштап башкара турган ракетага чейин бардыгын таап бергенге жардамдашат. — Хм, дим-сам Сауд Аравияда, муну сынап көрүшүбүз керек экен, — деп белгилеп койдум мен. — Абдулла силерди байланыш каражаттары жана жергиликтүү айдоочулар менен камсыз кылат. Аны менен байланышты мен аркылуу кармайсың, — деп уланты Сандра. — Эртең ушул саатка мен силердин маршрутуңардын так планын жана объект белгилеген жердин картасын дярдап койом. Биздин визит Сауд Аравияга барган учурдан баштап, үч күндөн ашык эмес убакытка созулушу керек эле. Учуу узак жана кыйын болду: анан дагы Улуу Британиядан жана Бахрейнден кошумча май кую жолу менен он эки сааттан ашык созулду. Бирок учууга чейинки биздин бардык күндөрүбүз керектүү даярдыкты ээлегендиктен, Генри менен учуу учурунда аз да болсо уктап алаарыбызга сүйүндүк. Качан биз Эр-Риядга конгондо менин жүрөгүм катуу сого баштады. Мен чексиз аяр элем. Албетте, туталанып жаттым — өтө чарчагандык өзүн билдирип жатты, бирок ошону менен бирге эле ушул тапшырманын алдында мени жаман алдын алуу сезими басты. 6-бөлүм Абдулланын аракетинин натыйжасында Уильямдын жеке реактивдүү учагы Эр-Рияддын аэропортундагы президенттин коно турган талаасына келип конду. Бизди эки ак «мерседес» тосуп алды, бирок, ага чейин жеткенче биз башкы терминалдын имараты аркылуу өтүшүбүз керек болчу. Бардык жерде адамдар быкылдагандыктан, биздин алдыбызда абдан олуттуу милдет турган. Потенциалдуу коркунучтун белгисин кое бербеш үчүн, мен айланадагылардан көзүмдү албай алдыңкы бөлүктө бара жатым, Генри болсо, Уильямдан көзүн албай, эки жардамчысы менен — арткы бөлүктө келе жатты. Ошентип, биз жай жыйылган калың элдин арасында жылып келе жатттык. Жыйылган калың эл азайбады. Айланабыздагы эл калжаңдашып жана күлүп жатышты. Алар оор кырдаалда бизге ачык-айкын эле биздин кыймылыбызга жолтоо болушмак. Бири-бирин түрткүлөшүп, кишилер чыканактары менен өздөрүнө жол ачып бара жатышты. Бул башаламандыкта бири-биринен озунушуп, жүк ташуучулар өз кызматтарын сунуш кылып жатышты. Мен бүт чымырканууда болдум. Коркунучту күтүп жаткандыктан менин сезимдеримдин баардыгы азаптуу түрдө курчуду. Мен кол салууга кайсы учур болбосун даяр элем. Бул кырдаал текшерүүгө баш ийбегендиктен, мен аны башкара албай жаттым, бул болсо мага жакпады. — Бакшиш, бакшиш, — ач күзөнгө окшош киши кайталап, менин колумдагы сумканы жулганга аракет кылды. Аны алыс итерип жибергенге аргасыз болдум. — Акырын, акырын,— деп Уильям күлүп жиберди, — мындай таш боор болбо. Бул жерде ошондой боло берет. Муну мен Блэксиз эле билчүмүн. Өткөн жумада арабдардын маданияты жөнүндө колума эмне тийсе, ошонун баарын окуп чыккам. «Бакшиш» — чайпул, пара, анча чоң эмес белек; ошол себептен бай адамдар кедейлер менен өздөрүнүн мүлкүнөн бөлүшүшү керек. Кана мейли эмесе, бирок азыркы учурда менин акылымда таптакыр башка нерсе турган. Мен бара турган жерде болмоюнча, тычтана албасымды билгем. Биз Генри менен Уильямдын жанына биринчи «мерседеске» келип отурдук. Биз андан бир кадам да жылбашыбыз керек эле. Биздин эки кызматкерибиз экинчи машинада келе жатышты. Кантсе да мен толугу менен бошоңдой албадым. КЭАФнын өздөрүнүн байланыштары дүйнөнүн өлкөлөрүндө бар эле, бирок мен эч качан жана эч кимге ишенчү эмесмин. Мүмкүнчүлүктүн болушунча, өзүмдүн агенттик тармактын кызматын колдончумун. Сандра тигил жакта кандай ишендирбесин, мен бул Абдулланы билчү эмесмин, ошондуктан табигый сезим менен андан жана анын адамдарынан коркуп жаттым. Текшерилбеген айдоочулардын ар бир кыймылын текшерип жана даярдыкта туруш керек болчу. Мрамор менен иштелип бүткөн «Меридиан» мейманканасын тордолгон алтын оюм кооздоп турган эле. Уильямга сонун пентхаус сакталып коюлуптур. Биринчи ага мен кирип, башына аягына чейин бардыгын карап чыктым, баарынан мурда колдо жасалган жарылуучу түзүлүштөрдүн бардыгын текшердим. Ушундан кийин гана, мен макулдугумду бергенден кийин, биздин кардар эс алууга жөнөдү. Генри түнкү күзөткө туруп, мен болсо жантайып жатып, уйку сурадым. Эртең менен таң атаарда ойгонуп, биринчи жумушум мейманкананы кыдырып чыгуу болду. Уильям али тура элек эле. Анын бир тууган Фахалилер менен сүйлөшүүсү бүгүнкүгө дайындалган. Мен бардык кабаттарды кыдырып, лифттерди, тепкичтерди, вестибюлду, ресторан жана ашкана блогун жана кылдаттык менен эки «мерседести» карап чыгуу менен аяктадым. Мен акыры аягында толгон ар кандай «жучокторду» (тыңшоочу түзүлүштөрдү жана жашыруун байкоо жүргүзүүчү приборлорду) табаарыма эч кандай күмөн санабадым, бирок өзүмдүн айран-таң калганыма жараша, эч нерсе тапкан жокмун. Качан мен Уильямды жолуктурганда, тигил, эс алганына карабастан мурунку күндөгүдөй эле чарчаган жана бошонку түрдөгүдөй көрүндү. Кечээ күнкү учуу аны акыр аягында жүдөттү окшойт. Уильям кыска бойлуу, кичине толук, жука саргыч чачтуу эле. Бирок ал өзүнө ишенген кишинин таасирин калтырып жана көңүлү көтөрүңкү түрдө болчу. Балким, муну бүт бойдон жана толугу менен анын байлыгына, бийлигине байланыштырууга болот эле. Сүйлөшүүгө жөнөөрдүн алдында биз Генри менен биздин кардардын үстүбүздөгү күндүн официалдуу протоколуна дагы бир жолу көз жүгүрттүк. — Эмне болбосун, такай менин көз алдымда болуңуз, — деп мен Уильямга эскерттим. Биз мени Блэктин жеке кеңешчиси катары көрсөтүп, Генрини жан сакчы катары кабыл алышсын деп, сүйлөшүп алдык. Чыгаардын алдында Генри дагы бир жолу «мерседестерди» текшерди, анан биз жөнөп кеттик. Бир тууган Фахалилерге караштуу имарат «Меридиан» мейманканасынан да көбүрөөк алтын менен кооздолгон экен. Бизди бул жерде бир далай жылуу кабыл алышты. Эки жактан тең болгон саламдашуу башталганда, мен имараттын пландарын анын ичинде бүт чыга турган жерди жана тепкичтерди оюмда элестеттим. Мен анын планын Штаттан эле, ийне-жибине чейин үйрөнгөм. Сандра бизди жумушта керектүү боло турган нерсенин бардыгы менен жабдыганга жетишкенине Кудайга шүгүр. Ошол себептүү мен каерде вентиляциялык шахта өтөөрүн жана кооптуу кырдаал учурунда чыгуучу запас эшик катары колдонсо боло турганы жөнүндө так түшүнүгүм бар болчу. — Сиздер бизде толук коопсуздуктасыздар, — деп Уильямга кайрылып жана Генрини карап жатып эстетип койду бир туугандардын бири. — Эмне үчүн сизге жан сакчыңызды конок үйүнө эс алганга жибергенге болбосун? Планды так колдонуп, мен Генриге башымды ийкеп, Уильямды коргоо милдетинен бошоттум. Бир туугандарды ушинтип Блэктен башкы жан сакчысы Генри экенине жеңил ишендирсе болот болчу. Ал мага караганда кыйла чымырыраак көрүнчү. Өзүнүн бош убактысын ал пайдасыз өткөрбөй турганына мен билчүмүн. Суусундукту пахлава менен ичип отурушуп, эркектердин ортосунда жай-салмак менен башкы темага өткөн сүйлөөшүлөр башталды. Уильямдын коллегаларынын бири дезинтеграциянын көйгөйлөрү жөнүндө жана фирманы алып сатуу жөнүндө сүйлөп калды. Ага аягына чейин айтканга жол беришкен жок. Сүйлөшүүлөр уланган сайын эч кандай жыйынтык бербей, бир тууган Фахалилердин үндөрү катуулап жана кыжырдана чыга баштады. Аягында бир туугандардын бири чыдай албай калды окшойт, кызуу кандуулук кыла баштады. — Менин үй-бүлөм убакыттарын жана акчаларын бул бизнеске аны кийин янктар чөөгө окшоп, бөлүктөргө тытып кетиши үчүн инвестиция кылышкан эмес. — Тынчтангын! — деп аны сырткы түрү токтоо келген бир тууганы токтотту. Бирок менде, ушунун бардыгы — кадимки эле жакшы жана жаман полициянын психологиялык оюну[13] дегендей бир сезим пайда болду. — Эмне үчүн? — деп ачуулуу кыжырданган бир тууганы столду муштуму менен бир кое кыйкырып жиберди. — Кимдир-бирөө биздин уруунун кордолгонуна жооп бериш керек! Мындан нары сүйлөшүүлөр эки жактан тең үндөрү көтөрүлө чыккандыктан жана кырдаал кескин түрдө өзгөрүлгөндүктөн, мен бир туугандарды көңүл коюп байкай баштадым. Мен Генри өз ордунда болсо экен деп, үмүт эте баштадым. Уильям диалогду улантканга аракет кылды, бирок бир туугандар бардык чечимди четке түртүштү. Күтүлбөгөн жерден бир туугандардын бири, көбүрөөк агрессия кылып жатканы ордунан ыргып турду. Менин колум табигый сезим менен ички чөнтөгүмө узады. Агрессивдүүлүгү кетип бара жатып, бир тууганына арабча бир нерсе деп, жыйналыш залынан атып чыкты. Бир мүнөттүк унчукпоо болуп, анан өзүнүн кыжырдануусу жөнүндө экинчи бир тууганы сүйлөй баштады. — Биз бул ишти калтырбайбыз, андыктан өз кызыгууларыбызды коргойбуз, — деди ал ачуусу менен. Азыр биринчи скрипканы мен ойношум керек болчу. Бир да мүнөттү жоготпой, мен залдан Уильямды алып чыктым. Генринин «мерседестин» жанында турганын көрүп, мен жеңилдене дем алдым, бирок бардыгы эле биздин пайдабызга чечиле берген жок. Генри алты кара көз айнекчен жана европалык костюмчан коркуткан түрү бар талоончулардын курчоосунда болчу. Генри менин бетиме тигиле карады. Качан биз «мерседеске» жакындаганда, кандайдыр-бир адам, биздин артыбызда келе жаткан, алты москоол жигиттерге арабча бир нерсе деп, кыйкырып жиберди. Балбандар ошол эле замат бизди көздөй басышты. Эгер мен жалгыз болсом, анда эки дегенче бардыгын сулатып, аларга жакшы сабак бермекмин, бирок мага баарынан мурда Уильямдын коопсуздугу жөнүндө ойлонуш керек болчу. Мен анын жанынан чыкпадым. Москоол жигиттер бизге эч кандай зыян кылышпай, бизди жөн эле машинага чейин узатып коюшту. Мага, аларга, биздин имаратты таштап кеткенибизге көздөрү жетишине буйрук берилгендей көрүндү. Качан биз «мерседеске» жайгашканда, Уильямдан тер мончоктоп агып жаткан эле. — Уф, жагымдуу сезимдерден эмес…— деди ал. — Дагы ушундай болот…— деп жооп бердим мен, москоолдордун эки топко бөлүнүп жатканын байкап калып. Топтун биринчиси кара «БМВга» жайгалышып, ордунан карьерге алдыга жулкунуп кетти, башкасы экинчи «БМВга» отурушту. — Айда! — деп буйрудум биздин кишиге. Омар, дагы бир дыйканга окшогон жигит айдоочунун жанында отурган. Бул Абдулланын, тилмеч катары бизди коштоп жүргөн агенти эле. Мен андан дагы сокур сезимимде сактанып жаттым. Мен Уильямдын жанына «мерседестин» арткы орунунда отурдум. Генри арткы орундун артындагы багажникте сакталган ок атуучу куралга киришип калды. Качан биз жылганда, мен арткы түрдү көрсөтө турган күзгүдөн экинчи «БМВ» ошол замат биздин артыбыздан жылганын байкап калдым. — Бизде көйгөй, — дедим мен. Биз Генри экөөбүз бири-бирибизди жарым көз караштан түшүнгөнгө үйрөнүп калганбыз. Ал мен алдыда отурган кишилерге ишенбесимди билчү. Азыр мен алардын ар бир кыймылын текшерип жаттым, Генри болсо «БМВны» көзөмөлгө алды. — Иш чатак! — деп күтүлбөгөн жерден Генри кыйкырып жиберди. Мен ошол замат артты карадым. Экинчи «БМВдагы» москоолдор, Уильямдын кызматкерлери отурган «мерседести» кууп өтүшүп, биздин артыбызга тикеден-тике улай жайгашыптыр. Менин кыжырым келди. Эгер бизди өзүбүздүн айдоочуларыбыз алып жүрүшсө, мындай эч качан болбойт болчу. Биздин кишилер машиналардын ортосунда отуз сантиметрден ашпаган аралыкта бийик ылдамдыктагы коргонууну камсыз кылганды билишип жана эч кимге биздин машиналардын ортосуна азыркы окуядай киргенге жол бербейт болчу. Тапанчаны сууруп чыгып, мен биздин айдоочунун желкесине такадым. Тигил кыйкырып жиберип, анан Аллахты жалбарып чакыра баштады. Мен болжогондой эле бизидин ортобузга кирген «БМВ» тормуз берип, экинчи «мерседести» токтогонго аргасыз кылды. «БМВдан» эки балбан чыкты. «Мерседеске» жакын келип, жарым автоматтык куралдан кузовдун капталдагы терезесине атып жиберишти. Мен Уильямдын үстүнө баса жыгылып, алдынкы отургучтун артына жашынганга мажбурладым. — Жыл! — деп мен коркконунан калтыраган айдоочуга бакырдым. Тигил газды басып, анан ылдамдыкты кошту, бирок тез эле машина өчүп калды. Ага чап жабышып, мен кайрадан анын башына тапанчаны такап, ал тезинен жылышын талап кылып бакырдым. Бирок айдоочу машинадан ыргып чыгып, жапайы өкүрүк менен ырайым кылууну сурап, кача баштады. Мен ошондо анын операцияга катышканын же катышпаганын ошол боюнча ажыратып биле албадым. Бизди тузакка алдап алып келдиби же чын эле мен жактан болгон басымды көтөрө албай коркуп кеттиби? Биз бул кимдин адамы экенин ушинтип эле билбей калдык. Ошол кезде алдыңкы отургучтун жөлөнгүчү аркылуу секирип Генри рулга жармашты. Азыр бизде, кандайдыр-бир мүмкүнчүлүк пайда болду. Генри КЭАФда экстремалдык айдоо боюнча чеберлердин бири эле. Биз чаң көчөлөрдө ызылдап кетип бара жаттык, алар болсо улам тарып, элдүү болуп, соода үкөкчөлөрү жана айбанаттар менен толуп, биз болсо буйтап, кай жакка бара жатканыбызды билбедик. Генри бир да секундду жоготпой, тар көчөдө чеберчилик менен ыкма кылып, бара жатты. Элдер бизден туш-туш жакка качып жатты, жыйылган эл бир заматта суюлду. Биз жай жылган транспорттун арасы менен бултактап бара жатып, элди тепсеп кетпейли деп, өтө жогорку ылдамдыкта чаңдын түрмөгүн көтөрүп, эски калдыраган машиналарды сүзүп бара жаттык. — Сактангын, — деп Генри бакырды, качан биз жолдун четиндеги дүкөнгө сүзүлгөндө. Корккон араб өз убактысында дүкөндөн секирип чыкты, машинага мөндүрдөй инжир жана курмалар чачылып жатты. Чүпүрөк бастырма үзүлүп түшүп, алдыңкы айнегине жармашып калды, ошондуктан Генри көрбөстөн башкарып бара жатты. Бир нече секунддан кийин, бастырма жол жээгине шыпырылып түштү. Уильямды башын чыгарууга мүмкүнчүлүк бербей, мен биздин турган жерибизди картадан таба албай айласы кеткен Омарды тапанча менен түрттүм. Ал биз каердебиз жана каякка жүрөрүбүздү салыштырмалуу толугу менен билбейт эле. — Элчиликти көздөй кеткен жолду изде, — деп кыйкырдым мен, — британиялыктарга же америкалыктарга, бизге баары бир! Бол, жигит, ойлон! — Бул жакка, эми биякка, сол жакка… — ал өз жанынан коркуп, ошол замат тышкы таасирге жооп кайтарды. Генри машинаны тар кичине көчөнү көздөй катуу айдап жөнөдү. — Жок, жок, бул жакка эмес! — деп үзүлө кысылып чыккан үн менен бакырды тилмеч. — Бул жакка аракет кылчы! Генри башкы көчөнү карай бурду, ал кененирээк эле. — Бул жерде толтура машина, тыгылыш! — деп кыйкырып жиберди Генри. Мен тапанча менен Омардын башын түрттүм. Кантип эле бул дагы — сатылганбы? Генри «мерседести» токсон градуска буруп анан тар, караңгы кыска көчөгө алып бара турган кичинекей көчө менен жөнөдү. — Эми, кармангыла! Капталдагы күзгүлөр дубалга кырылып жатты, бирок Генри газды ылдыйлаткан жок. Анан биз үрөй учуруучу ылдамдыкта күндүн жарыгына атып чыктык. Дагы бир көп адамдуу ызы-чуулуу көчө. Омар ушул убакта жөн эле коркунучтан калчылдап жаткан. Мен артка карадым. Кантсе да, биз «БМВ»дан үзүлдүк окшойт. — Токтот! — деп буйрудум мен Генриге. «Мерседес» матап койгондой токтоп калды. — Жогол мындан! Чыккын, чыккын! — деп мен тилмечке бакырдым. Титиреп ручканы кармап, Омар эшикти тартты, анан өз жанынан коркуп, каргыш жана олдоксон тилдөө менен машинадан түшүп калды. Генри ордунан карьерди көздөй жулкунуп жөнөдү. Акыр аягында биз шаардын көчөлөрүнүн лабиринтинен аздыр-көптүр кенен жолго чыктык. Айланада жылаңач, түшүмсүз чөл созулуп жаткан эле. Ушинтип биз эки сааттай жүрдүк. — «Мерстен» кутулуш керек эле…— деди Генри. Бизди эми издеп жатышат. Бир канча убакытка чейин жымжырттык өкүм сүрдү. Мен план түзгөнгө аракет кылып, өз башымды катырып жатым. Уильямды өлкөдөн жашыруун алып чыгып кетиш керек эле. Бизде Иорданияда мен жеке тааныган жана ишеним кылган боорукер кишилер менен конспиративдүү квартира бар эле, бирок бизди сегиз жүз километрден аз эмес аралык бөлүп турган. Мен Абдуллага бардык болгон ишенимди жоготуп койдум, ошондуктан анын бардык болгон агенттеринен пайда жок эле. Дагы Кувейтте жана Бахреймде конспиратитивдүү квартиралар бар болчу. Эгер Сандра менен байланышсак, бизди чек аранын ары жагында кабыл ала тургандай кылып, ал документтерди оңдомок. Генри күтүлбөгөн жерден менин оюмду бузду: — Бензин түгөнүп бара жатат. Дагы үч километрге жетет. — Сен эмне тамашалап жатасыңбы? — Кенедей да. Качан биз машинага отурган кезде, бак жарымына чейин бош болчу. Мен капалануу менен баш чайкадым. Коопсуз айдоонун биринчи мыйзамы бузулду — бактагы май акыр аягына чейин жетиш керек болчу. Мен Уильямды карадым. Азыр ал түз отурган эле, бирок ал калчылдап, кыпкызыл бетинен тер булактай болуп агып жаткан. Кызык, ал жөө канчага чейин жүрө алат болду экен? Биздин кайсы жерде жүргөнүбүз, кай жакка баратканыбыз жана жакынкы шаарга чейин канча километр экенине түшүнүгүбүз да жок болчу. Эшикте сентябрь айы турган, бирок чөлдө — анык кызыл чок. Мен бардык каткан нерселерибиздин баарын текшерип көрдүм. Биздин карамагыбызда бир аз тамак жана төрт бөтөлкө минералдык суу бар экен. Көпкө жетпейт, өзгөчө ушундай ысыкта. Тандоо жок эле. Азыр менин колуман эч нерсе келбейт эле. — Мына эми, бүттү окшойт! — деди Генри рулду колу менен чапкылап, машина туруп калганда. — Күйүүчү май нөл. Уильям жолдун жээгине отурду, галстугунун түйүнүн бошотуп, кандай болсо да күндөн жашыныш үчүн, бет аарчысы менен желкесин жапты. Биз Генри экөөбүз «Мерседести»жолдон кайсы-бир бадалга түртүп жибердик. Бирок аянычтуу өсүмдүк аны ишенимдүү жашыра алган жок. Мындан кийин биз жеңилденип алдыга жөнөдүк. Жолдо эч бир кыймыл жок эле, бирок мен, ал бизди автомагистралга алып чыгат го деп үмүттөндүм. — Менимче, бул жол Харадга барат, — деди Генри. Биздин сол жагыбызда — соолуган өсүмдүктүү түшүмсүз жер; оң жакта — көз жетип көргөнчө — жылаңач чөл. — Эгер биз жол менен барсак, кечинде көздөгөн жерибизге жетебиз. — Сен ишенесиңби? — Жок, ишене албайм. Мен эч нерсе сунуш кыла албадым, Генринин тубаса сезимине ишендим. Бир нече кадамдан кийин мага Уильямдын колунан суусу бар бөтөлкөнү жулуп алганга туура келди. Ал аптыгып ичкендиктен, суу анын ээгинен жана көкүрөгүнөн агып жатты. — Сарамжалдаш керек, — дедим мен Блэкке. — Биз бул жерде дагы канча болоорубуз белгисиз. Бир нече саат өттү, анан биз оазиске туш болдук, ал жерде зор таштардын көлөкөсүндө бир азга дем алдык. — Эки сааттын арасында түн кирет,— деп байкады Генри. Менимче, бул жерде түнү үшүк жүрсө да, түн ичинде коркунучсузураактай. Ар бир мүнөт сайын жүрөгүмдө тынчсыздануу күчөй баштады. Акыр аягында биз кандайдыр-бир шаарчага келип жеттик. — А сен азаматсың жигит! — деп мен Генрини далысына чапкылап койдум. Бул Харад эле. Ушул учурда караңгы кирип калган эле, Уильям болсо температуранын кескин өзгөргөнүнө байланыштуу эми калтырай баштады. Көчөлөрдө жымжырттык. Кээ бир жерде эл топтолушуп туруптур. Эл өз ара калжыңдашып, тамеки чегишип тынч турушкан экен, бирок бизди көрүшөөр замат, житип кете баштады. — Жардамыңарга ырахмат, — ачуу шылдың менен белгилеп койду Уильям. Акыр аягында биз бензин куюучу жайга окшогон кандайдыр-бир курулушка келдик. Качан биз ичине киргенде, белгисиз жаштагы араб бизди көз карашы менен башыбыздан аягыбызга чейин карап чыкты. Анын бети шамалдан туурулуп кеткен, көздөрү ачуу тийген күндөн жүлжүйгөнгө көнгөндүктөн — жылчыкка окшоп ичке. Генри менен Уильям тамак жана суусундук тандап алыш үчүн кетишти — Мен чалып алышым керек,— дедим мен чала арабча англис тилди аралаштыра. Араб мага керең болгон немедей карап турду. Бирок, мен анын бардыгын укканын жана түшүнгөнүнө ишенимдүү элем. Ушул жерден Уильям ачык акча капчыгы менен келип калды. Пачка жашылдарды көрүп, анан жеп жиберүүчүдөй жылмайып, араб үстөлдүн астынан телефон апаратын алып чыгып, мага берди. Өткөн күндүн түйшүгүнөн кийин Сандранын катуу, сергек үнү жеңилденүү алып келди. Биз ал жерде канчалык ачык болгонубузга отчет берүү менен, мен Сандрага болгон иштин чоо-жайын түшүндүрдүм. — Силер азыр биздин Бахрейндеги квартирабыздан жүз километр алыстыкта турасыңар, — деп маалымдады ал. — Чыгышты көздөй жөнөгүлө. Мен силерге паспорт дайындайм, ошентип силер ал жактан чыгып кете аласыңар. Мен андан дарек боюнча коддолгон маалыматтарды алганымча, терезенин түбүнө тааныш “БМФ” токтоп калганын көрдүм. Генри Уильямды желкеден алып, кандайдыр-бир кызмат бөлмөсүнө түртүп жиберди. — Жок, жок! — деп кыйкырды прилавканын артындагы адам. Мен ага жүз долларлык купюраны сундум, бирок ал баары бир бизге жардам бере албайм дегендей белги берди. Генри менен Уильямдын аркасынан чуркап, мен аларга дагы ары чуркоону буйрудум. Биздин бактыбызга жараша, ал жерде жабылбаган жашыруун чыгуу жолу бар экен. Биз калтырып кеткен залдан кыйкырыктар чыгып жатты. Биз көчөгө атып чыктык. Уильям бир жактан экинчи жакка термелип чуркап баратты. Харад бир кабаттуу кипкичине өткөөлдөрү жана туюк көчөлөрү бар шаарча — лабиринт экен. Бат эле биздин артыбыздан буттардын дүбүрттөрү угула баштады. Атылган үн чыкты, ок дубалдан ыргып, биздин башыбыздын үстүнөн ышкырып өтүп кетти. — Чуркагыла, артка кылчайбагыла! — кыйкырды Генри, эки түтүктөн атуу менен. Мен Уильямды жеңинен жулкуп алдым. Биз кичине көчөлөр менен чуркап бараттык. — Бүттү... биздин соодабыз бүттү... — деп сүйлөндү ал. — Бул далил эмес, — кыжырландым мен. — Токтобо! Атышуу жаңырды. Биз бардык эрежеден четке чыгып кеттик. Генри кууп келе жаткандарды аткылап, бизди коргоп жатты. Күтүлбөгөн жерден октун үнү чыкты жана ошонун артынан эле жанга тие турган кыйкырык чыкты. Мен чуркап бара жатып, артка бурулдум. Генри жыгылды. Мен ага жардам берсем кана, бирок менин милдетим — Уильямды сактап калуу. Биз караңгы короолорду аралап, эшиктерди түртүп кирип, бийик эмес дубалдарды ашып өтүү менен, туюк көчөлөрдүн лабиринттерине жана уйкуда жаткан шаардын өткөөлдөрүнө жашынуу менен чуркап бараттык. — Токто, токто... мен эс алып алышым керек... — деп бекемдеди Уильям, араң дем алып. — Болду, мен бара албайм, жигит... Мен токтодум. Генри бизди куугандарды алаксытты, эми бизди куугандар үзүлдү. Кезектеги жапыс дубалды ашып өтүп, биз тар көчөгө келдик. Мен Генри үчүн өч алууну каалап, акылдан азып жаттым. — Биз бул жерде коркунучтабыз... — дедим мен Уильямга, аны бирөөнүн үйүнөн ашып турган жүзүмдү бутактарына жашыруу менен. — Бандиттер болбосо, инфаркт болот, мен баары бир бүттүм…— деп жооп берди Уильям энтиккенин басууга аракет кылып. Мындан нары эмне кылуу керек, ушуну чечиш керек эле. Азыр биздин куугунчуларыбыз бизди шаарчанын бир жерине жашынышат деп күтүп жатышат. Эгер чөлдү көздөй качсакчы? Кайрат көрсөтсөкпү? Ал жакта узакка чейин кармана алабызбы? Бирок бизде башка арга жок! Ушул жерде бизге жардам бергенди каалаган бир адам табылаарын ким билет. Күтүлбөгөн жерден ачылган эшиктин үнү угулду. Үйдөн кожоюн — алп бойлуу араб чыкты. Ал, балким, бизди угуп турса керек. Бул араб жүзүмдүн сабактарынын арасын ачып башын чыгарганда, мен Уильямды өзүм менен калкаладым. Биздин көздөрүбүз жолукканда араб кокусунан кыйкырып жиберди. Мен жанымдын бардыгынча ага бакыргандын кереги деле жок дегенди билдирип жаңсадым, бирок ал басылбады. Менде тандоо жок эле. Аны тамак жакка согуп, тынчытканга туура келди. Бул трохеянын үзүлүшүн билдирчү. Алп кулап түшкөндө мен биздин куугунчуларыбыздын бирин көрдүм. Ал мага чуркап келип, анан биринчи болуп мени сокку менен сыйлады. Мен бул соккуну кое бердим, менин колдорум бош болушу керек экенин түшүнчүмүн, анан көзүмдү анын башка колунан албадым. Бандит чөнтөгүнө куралга кол салганда, мен анын бармагын кармап алып, анан чыгарып таштадым. Жапайы кыйкырык менен ал жыгылып түштү. Мен андан тапанчаны сууруп алып, анан анын башын теше аттым. Күтүлбөгөн жерден биздин айланабызда каяктандыр чуркап келген, үйүлгөн адамдар пайда болду, анан мен үйүлгөн элдин арасын жарып, калган куугунчулар келе жатканын көрдүм. Мен Уильямды кармап алып, абаны көздөй ок аттым. Эл жерге жата калышты. Кайрадан биз чөлгө жеткенче токтобой, өткөөл жана кичине көчөлөр менен качып жөнөдүк. — Бул жакка! — дедим мен Уильямга. Анын мени менен талашканга убактысы да, күчү да жок эле. Ошентип биз белгисиз, караңгы, бирок бош мейкиндикке кадам койдук. Биз бир саатка жакын кумда мүдүрүлүп чуркап бара жаттык. Бардык жакта кум эле. Ал мурдубузга кирип, бутубузга жармашып жатты. Биз эми чуркабай калдык, оозубуз менен кургак абаны кармап, сүйрөлүп басып калдык. — Дем ал, дем ал, токтобогун! — деп мен Уильямды шаштырдым. — Менин планым иштеди көрүнөт. Бардык көрүнүш боюнча, алар дагы эле шаарчаны абдан текшерип жатышат окшойт, бирок бизге баары бир басыш керек. — Бахрейнге чейин канча алыс? — Бул жөнүндө сурабай эле коюңуз. Биз алынган темпти жайлатпаганга аракет кылып, унчукпай бара жаттык. Мен куугунчулардан жакшы эле алыстыкка кетишибиз керек экенин түшүнүп жаттым. Машинечен алар бизди куушпайт, чөлдө «БМВ» дагы тыгылып калат. Ошентсе да алар бизден жөн эле калып калбайт го. Жакында алар биздин каякка жөнөгөнүбүздү таап алышат. Капысынан биздин артыбыздан үндөр угулуп калды. Биз токтоп калып, анан караңгылыкты теше тиктей баштадык. — Бул алар, — дедим мен. Уильям коркуп кетти, анын бетинде коркунуч пайда болду, бирок коркунучка берилишке убакыт жок эле. Ушул учурда жер бетинин жалпы көрүнүшү өзгөчөлүгүнөн басыш дагы кыйын боло баштады. Терең кумга чөмүлүп, биз эң акыркы күчүбүз менен бара жаттык. Мен бир нерседен: кумдуу бороон башталбаса экен деп, коркуп жаттым. — Тигил жакта эмне экен? — деп сурады Уильям, качан биз кезектеги бархандын чокусун жеңип чыкканда. Мен караңгылыкка көз жүгүрттүм. Оттор, чатырлардын жана айбандардын сөлөкөтү. — Бедуиндер. Бул биздин жалгыз мүмкүнчүлүгүбүз эле. Мен Уильямдын, жакын арада канткенде да биз куугунчулардын колдоруна түшөөрүбүздү сезип, такыр шалбырап калганын көрүп турдум. Биз эң акыркы күчтөнүүбүздү жыйнап, бархандын башка жагындагы кыштакка умтулдук. — Ага жетип, биз төөнүн жанында алпурушуп жаткан кишини көрдүк. Качан биз ага жеткенде, ал бизге жылмайып койду. Мына күтүлбөгөндүк! Укмуш! Мен бул жерден достук жүздү көрөм деп күтпөгөм. Мен аны менен арабча сүйлөшкөнгө аракет кылдым. Дагы бир күтүлбөгөндүк. Ал англисче дурусураак сүйлөй алат экен. — Иш эмнеде, кожоюндар? — деп сурады ал, аяк-башыбыздан бери көзү менен карап, бирок мурдагыдай эле жылмая. — Биз коркунучтуу кырсыктабыз…— дедим мен араң үнүмдү чыгарып, дагы эле узак жүргөндөн кийин демим кыстыгып. — Биздин артыбыздан адамдар кууп келе жатышат, бизди жок кылгысы келип. — Силер ушунча эмне кылдыңар? — Биз жаман эч нерсе деле кылган жокпуз…— деп баштадым мен. Толугуна киргим келген жок, бирок, бактыга жараша достук жүздүү бедуин колун шилтеп, болду, эми, жетишет дегендей кылды. — Кана, мейли эми…— деди ал. — Силер, мага зыянсыз адамдардай көрүнөсүңөр. Ал кайрадан жылмайып, бизди чоң чатырлардын бирине алып келди. — Бүгүн силер — менин коногумсуңар. Жегиле, ичкиле, биз менен эс алгыла. Ал биздин иштерибиз жөнүндө толугу менен сурабаганына ыраазы болуп, мен Уильямды карап ийинимди кактым. Уильям чарчаганынан бутунан жыгылайын деп турган. Биз үндөбөстөн бейтааныштын артынан чатырга кирдик. Бир нече эркектер мында жалпы кальяндан трубкаларын шашпай соруп тартып отурушуптур. Биз киргенде, бардыгы бизге бурулуп, бирок эчтеке айтышкан жок. Биздин досубуз арабча бир нерсе деп шыбырады, анан бир мүнөттөн кийин бизге ачыбаган нанды, бал менен койдун сырын жана жасмыктан жасалган тамак беришти. Биз тамак жеп бүткөндөн кийин, Уильям гашиштин жытынан ушул жерден эле бостектин үстүндө сулк жыгылды. Биздин жаңы досубуз менин жаныма отуруп, өзүн Хашаннимин деп тааныштырды. Мен өзүмчө белгилеп койдум, башка эркектер таштай каткан жүздөрү менен отурушса, Хашанни жандана сүйлөп, анан дайыма кулагына жете жылмайып жатты. Англисче Хашанни жакшы сүйлөчү эмес, бирок билинип турган акцент менен сүйлөгөндүктөн, айтылган сөздүн маанисин түшүнүү үчүн мага кулак түрүүгө туура келди. Бир нече убакыттан кийин ал сүйлөшүүнү улантты. — Сен, силерде кандайдыр-бир чатак иш болду деп айттың. Силер бизде үч күн калсаңар болот. Биз силерди коргойбуз, анын ордуна эч нерсе талап кылбайбыз. — Ыракмат…— деп мен айта баштадым. — Үч күндүн ичинде силер бизге силердин ишиңер эмнеден тураарын айтып бересиңер же силерге бизди калтырганга туура келет. — Ал бир азга унчукпай калды. — Болбосо биз силерди өлтүрөбүз. Бедуиндердин үрп-адаты ушундай. Ушул сөздөр менен Хашанни мага жылмайды, бирок мен, ал чындап айтып жатканын эң жакшы түшүндүм. Мен башымды ийдим. — Ыракмат жылуу жүзүңөргө жана коноктогонуңарга. Хашанни күлүп жиберди жана кубанганынан алаканын да чаап жиберди. Алсырап бүткөндүктөн мен тез уктап калдым жана уйкум эң сонун канды. Кийинки күнү биз Уильям менен анын төөлөрдү кантип багып жатканын карап, Хашаннинин жаныннан кеткен жокпуз. Кун-фу күрөш чеберчилигин үйрөнүү учурунда мен көп айбандардын адатын жана жүрүшүн үйрөнгөмүн, төө гана мен үчүн сыр болуп калды. Кандайдыр-бир мезгилде мен кокусунан жем салынган капка колум тийип кетти. Мен эмне болгонун түшүнгөнчө, төө мен жакка атылып, бышкырып жиберип, анан мага түкүрүп таштады. Мен аны кууп жибергенге аракет кылып, кыйкырып жибердим, бирок төө тишин арсайтып, мени тиштегенге аракет кылды. Андан мен качып жөнөдүм, бирок айбан менин артыман кууп жөнөдү. Андан качып, мага чатырлардын бирине жашынганга туура келди, анан мындан нары окуянын өрчүшүн күттүм, бирок эч нерсе, Уильямдын, Хашаннинин жана таш жүздүү кээ бир эркектердин биргелешкен каткыруусунан башка мен эч нерсе уккан жокмун. — Ал, сени анын жемине кол салып жатат деп ойлоду, — мага жардамга келип жатып, түшүндүрдү Хашанни. Ушинтсе да анын жүзүнөн кулакка жеткен жылмаюусу кеткен жок. Ал ачуулуу төөнү байлаганда, тигил тумшугу менен жем салынган капка кирди. Биз Хашанни менен бири-бирибизди көңүл коюп карадык. — Бир аз өткөндөн кийин мен силерди аларды мингенге үйрөтөм, — деди ал мага. Адегенде мен бул ишке жактырбай мамиле кылдым, бирок анан менин башыма бир ой келди, ушул чөлдөн, биз Уильям менен ушул «кораблдер» менен гана кутулуп чыга алат элек. — Качандыр-бир биз ушу күндөрдү дагы эстейбиз, — деп күлдү Уильям, биздин төөлөр, батып бараткан күндүн жебелеринде, оңтойсуз ырдап бара жаткан Хашаннинин артынан ээрчип бара жатканда. —Мени жөн эле Лоренс дегиле, — дедим мен ага. Биз Уильям менен бедуиндерден кароолунда болгонубузга эки күн болду. Ушул убакта алардын жашоо түрүнүн көпчүлүгү түшүнүктүү болду. Булар өтө олуттуу динчил; күндө беш маал жана ар убак тамак алдында Аллахты көкөлөтө мактап жана даңктаган анык мусулмандар. Хашанни бизди бир чатырдан — бир чатырга, каерде эркектер, аялдар жана балдар эң сонун килемдерди ийлеп жана башка буюмдарды даярдаган жерлерге алып барды, алар менен жакынкы шаарда соода кылышчу. Биз өздөрүнүн кесиби аркасында бедуиндер турмушта керектүү нерселердин бардыгы менен түшүмсүз чөлдүн шартында камсыз калгандарына айран-таң калдык. Биздин кожоюн чынында эле конокторго таза жүрөгү менен сүйүнчү. Ал бизди төөгө мингенди үйрөтүп, Уильям менен көпкө чейин анын бизнесине тийиштүү бардыгы жөнүндө көпкө чейин сүйлөшчү. Үчүнчү күнү эртең менен эле биз чөлгө жөнөдүк. АКШнын эки жуп жүз доллары үчүн биздин ар бирибизди төө жана суу, тамак аш менен Катарга чейин жете турган камсыз кылышты. Хашанни ийне-жибине чейин ал жерден бизге жардам көрсөтө турган ишенимдүү бир кишини кантип табаарыбызды түшүндүрдү. — Үйгө кайтып келүү кандай укмуштуудай жагымдуу… — үн чыгарды Уильям, биз шаарга жакындап калганда, чынын айтканда, бизди алдыда эмне күтүп турганын эч ким биле албайт эле. Бирок мен бир нерсеге: Уильямды өз жерине аман-эсен алып бармайынча тычтана албасыма ишенчүмүн. — Кириңиздер, кириңиздер! — деди шайыр топтоголок кичинекей киши, өзүнүн досу — бедуиндикине окшош жылмаюусу менен. Бизге дагы бир жолу таң калганга туура келди, анткени бул дагы аз гана болбосо, англис тилин сонун билет экен. — Биз төөлөрдү, эки катар сары линияга[14] карабастан байлап койгонубузду ага айтпагын, — деп шыбырады Уильям, качан биз жапыз эшик аркылуу дүкөнгө киргенде. Дүкөндүн ичин ладан жана гашиш жыттанып турду. Мындай караганда, бул туристтик бюрого окшогон бир деме эле. Бул жерден биз Сандра менен байланыша калдык. Акыр аягында кичинекей киши бизге Катардан Бахрейнге бара турган кораблге эки билет карматты. — Бүгүн бул жерде түнөйсүңөр, — деди ал. — Рейс эртең менен эрте. — Бул сага «Меридиан» эмес… — деп созду Уильям, кичинекей киши бизди эки тар керебети бар жыйналбаган кичинекей бөлмөгө калтырганда. Бирок даттаныш күнөө болот болчу, бедуин бизге сергиш үчүн бир аз суу берди. Кырынып, жеңил чайканып жана бир топ эле таза жуурканда жакшылап уйку кандыруу кандай жагымдуу болду. Кеме өтө жүктүү эле, палубаларда дыйкандар айбанаттары менен үймөлөктөшүп алышкан эле. Рейс эки сааттан ашыгыраак созулду, мына аягында Бахрейнге келгенде, биз жеңилдене дем алдык. Бизди Юлиан аттуу немец тосуп алды. Ал эле бизди конспиративдик квартирага алып барды. Ал жерден биз паспорттор, керектүү кагаздар жана авиабилеттер менен чыктык. — Негизги маршруттарда силерди, балким, издеп жатышса керек, ошондуктан ал жакта өтө коркунучтуу, — деди Юлиан. Мен билетти карадым. Болгардык авиациялык жол. АКШга чейин таң калыштуу, ойлонорлук маршрут менен барганга туура келет. Бирок, ушунун баарынын артында Сандра турганын билгем. Жакшы кыз. Балким, бул ашкан камсыздангандык, бирок ал тагдырды сынай албайт. Паспортко ылайыктуу, мен азыр италиялык Антонио Каррерас аттуу бизнесмен, Уильям болсо — Нидерландиялык Уолтер Шмидт. Үчүнчү күнү биз аман-эсен эл аралык Нью-Йорктогу Кеннеди аэропортуна келип кондук. Уильям мени жумушум үчүн марттык менен сыйлады. — Бул Сауд Аравияда экинчи менин бутум баспайт, — дедим мен ага көз кысып. Бирок тагдырдын тамашасы менен мен жакын арада алган жаңы дайындалуу кайрадан мага бул өлкөнү эстетти: мен Улуу Британиядагы, Италиядагы жана Кипрдеги, Сауд Аравиянын элчиси Амин Файеддин жан сакчысы болуп калдым. 7-бөлүм Эми менин баш оорум Амин Файедди коргоо болуп калды. Мезгил-мезгил менен мен КЭАФтын майда тапшырмаларын аткарып турдум, бирок Файед «зор балык» эле — мындай пайдалуу кардарды алар кадырлашчу. Сауд Аравиянын өкмөтү КЭАФка анын коопсуздугу үчүн жаман эмес акча төлөчү. Албетте, баары такай алмашып турган саясий конңюктурасына, анан аны дүйнөнүн кайсы бөлүгүнө жиберерине байланыштуу болсо да, Файедди коргоо тобокелдүү жумуш эле. Мен беш кишиден турган топтун башында туруп, оор жумушту алмаштырып, жетишээрлик узак элчинин өтө сонун Лондондогу Неаполдо жана Лимассолдогу резиденцияларында болуп, бүт дүйнөнү кыдырып чыктым. Амин кумар оюнчу эле. Ал кыйынчылыктын алдында каччу эмес, тескерисинче аларды издеп, кандайдыр-бир шылтоо болгондо өзгөчө комплексте болчу эмес. Ал бийлик жана байлыкты ээлегендиктен, өзүнө бардыгын кылууга мүмкүндүк берээр эле. Өзүнөн карыз алгандарга ырайым кылчу, бирок, чыдамы кеткенде аларга таш боор да болчу. Анда принципке көтөргөн бир мүнөзү бар эле: ал өзүнө эч качан кара денелүү жан сакчыларды алчу эмес. Узартылган карыздарын төлөтүп алганы үчүн Файед ар бирибизге бир далай акча төлөчү. Ошентсе да биздин арабызда келесоолор жок болчу, анткени баарынан мурда бизге жаман эмес айлык бөлгөн КЭАФнын кызыкчылыгын сактачубуз. Ошол убакта мен эң бир жогорку айлык төлөгөн КЭАФнын жан сакчысынын бири элем. Мен Паддингтондо[15] зор квартираны арендага алчумун, ал жерде менин эсебимден ата-энем жашачу. Акыр аягында, менин апам дайыма эңсеген жашоосу менен жашай баштады. 1987-жылдын жай айында мен бир нече жумага эс алууга кеттим. Амин бул убакта толук коркунучсуздукта болчу, кандай болсо да өз үйү Сауд Аравияга караганда көп деле тынчсызданбаса деле болмок, ошондуктан мен Лондонго кайтып келдим. Мен атамдын мени менен жолукканына сүйүнөөрүн билгем. Кийинки убакта оорусунун айынан ал эч жакка чыкпай үйдө отурчу. Мен анын жалгыздаган көңүлүн көтөргүм келди. Андан кийин мен эски досторум менен көрүшүп, көп нерсе жөнүндө сүйлөшкүм келгендиктен, менде чоң каалоо бар эле. Бир жолу мен Гайд паркындагы кытайлык досум Жерри менен жолугушуп калдым. Эң сонун жайдын таңы эле. Жерри менен мен мырза Чжандын мектебинде ал кун-фу күрөш чеберчилигине үйрөнүп жаткан кезде эле таанышкам. Кайыкты сууга түшүрүп, анан жээктен алыстап, Жерри канааттануу менен кайыкты айдап бара жатты, а мен кайыктын арткы бөлүгүнө сулап жатып алып, күн жана көлдүн тегиз бети менен кумарданып жаттым. — Эй, Тони, карасаң — чы! Мен күндөн жүлжүйүп отурдум. Бизден алыс эмес жерде, кайыкта үч ак саргыл чачтуу кыздар отурган эле. Кыздар калагын сууга түшүрүп жиберишиптир, анан алардын экөөсү кайыктын капталынан эңкейишип, аны алганга аракет жасап жатышыптыр. Көп каткырышып, чыңырышып жатышты. Биз алардын кантип сууну сүзүп чачышканын, ал эми калактын улам алыс алып кетип жатканын кызыгуу менен байкап турдук. — Ха-ха, бул үмүт үзүлгөндүк! — деп каткырды Жерри. Алардын бири сууга түшкөн калакты экинчисинин жардамы менен алайын дегенде кайык термелип, кыз болсо ушунчалык күлгөндүктөн тез эле экинчи калагын да сууга түшүрүп жиберди. Азыр кыздар көлдүн эң ортосунда кароосуз калышты. — Бол, батыраак, Жерри! — дедим мен жандана. — Куткаруу убакыты келди. — Мына, эми кайраттуу рыцарлар! — алардын бирөөсү күлүп жиберди, биз жакын сүзүп келгенде. Мен, алар биз менен англис тилинде сүйлөшсө да, алар бири-бири менен Скандинавия тилинин биринде сүйлөшкөнүнө ишеничте болчумун. Биз алардын калагын алгыбыз келген жок: мейли биздин кайыгыбызга отурушсун. Күлгөндөрүн улантышып, алар макул болушту жана эже-сиңди Лия, Лина жана Айя катары өздөрүн тааныштырышты. Лия бизге өткөндө эки кайык тең коркунучтуу термелди, өткөндөн кийин Лия кайрылып, колун Айяга берди, тиги болсо эңкейип, кайыкты катуу кармап турду. Лина аны арт жагынан кармап турду. Ушул жерден Айянын сокур экени мага жетти, качан ал бутун таштаган учурда, эки кайык тең коркунучту термелди, мен кокустан чала басып алат деп коркуп кеттим. Лия чыңырып, анан күлкүдөн боору каткан Жерриге жыгылып калды. Айянын сунулган колун кармап, мен аны белинен алып, аны аман-эсен биздин кайыкка жөнөттүм. Анык ошол учурда менин менен бир нерсе болуп өттү. Мен Айяны белинен кандайдыр-бир секунд ичинде кучактадым жана менин демим токтоло түштү. Ал өзүнүн сокурдугуна карабай сулуу жана табышмактуу эле. Аны жаныма отургузуп, мен Линага колумду сунайын дедим, бирок Жерри шамдагайлык менен өтүп кетти. Биз кайык станциясына узак айланган жол менен кайтып келдик, анан кыздар ыраазычылыгын билдиргиси келишип, кафеге чакырышты. Бизди көндүргөндүн керегижок эле. Жерри Лина жана Лия менен жээкке секирип чыкканда, мен Айяга жардам бериш үчүн кармалып калдым. Мен муну кандайча жакшы кылаарымды билбегендиктен, аны өзүмдүн атамды көтөрүп алып баргандай кылууну чечтим. Эже-сиңдилер кыткылыкташып калды. — Абайла! — ал кыйкырып жиберди, анан колун менин ийиниме коюп, алдыга бас дегенсип, мени жеңил түрттү. Менин артымдан жетелеп жүрүүчү киши менен баскандай басып, Айя жээкке ишенимдүү чыкты. Менин ийнимден колун кое бербей, ал бурулуп анан менин алдыма туруп алып, андан кийин колу менен бетимди сыйпалады. Аргасыздан жылмайып, мен анын эң сонун көгүлтүр көздөрүнө карадым. Айя менин алдымда чоң ачылган көрбөгөн көздөрү менен турган. Ал менин маңдайыма назик, бирок бекем колу менен көздөрүмдү жана мурдумду сыйпалады. Андан кийин манжалары эриним боюнча өтүп, жаактарыма чуркап, анан аягында ээгимде кармалып калды. — Хм-м, сен сулуу экенсиң! — кыйкырып жиберди шоктоно. Мени анын тартынбастыгы таңкалтты. — Деги сен мага курулай ашык болуп жаткан жоксуңбу? — дедим мен күлүп. Жооп ордуна Айя мени колуман кармап, биз калгандардын артынан жөнөдүк. Биз творогдуу пудинг менен кофе ичип канча убакыт өткөргөнүбүздү мен билбейм, бирок, Лина менен Лия Айяга Швециядан келишип, анын сүйүктүү коноктору экенин биз билдик. Мен Лондондо биринчи курста юридикалык факультетте окуп жатканына аябай таң калып, ишенбегениме ал капалануу менен каршы болду: — Мен сокурмун, бирок акылсыз эмесмин. Качан мен кечирим сурагандан чаташып жана өзүмдүн байкабай кылган жаңылыштыгымды жыйынтыксыз жымсалданганга аракеттенгенде, ал ошого карабай жылмайып койду. Ошол эле күнү кечинде мен Айяны кытай кварталындагы эң жакшы көргөн ресторандардын бирине чакырдым. Кандайдыр-бир убакыттын аралыгында биз ал экөөбүз мындай атаганда суу куйса ажырагыс болуп калдык. Биздин ортобузда эмнегедир таң каларлык, өзгөчө, сөз менен жеткире алгыс бир нерсе пайда болду. Мага жеңил курулай ашык болуу жана өтө ысык сүйүү байланыштары тааныш эмес болчу деп айта албайм. Бул табигый нерседей көрүнчү. Бирок Айя менен бардыгы башкача болчу. Ал менин ички оюмду билип жана өзүмдү өзүм түшүнбөсөм да, мени ушунчалык түшүнчү. Ал кандайча менин рухумду ушунчалык терең биле алгандыгы мага ушуга чейин түшүнүксүз. Ал ашык турмуштун түйшүгүн тартпаган, жакшы сүйгөн үй-бүлөдөн эле. Сокурдугуна карабастан, анын бет түзүлүшү ишенимдүүлүктүү жана чечкиндүүлүктү айтып турчу. Ошентсе да кандайдыр-бир өз негизинин терегинде, Айя жалгыздыктан тажап жана маал-маалында айласы түгөнгөндөй абалга келээр эле. Ушундай эле айласы түгөнгөндүккө өзүм эмнеден экенин билбей, мен дагы келээр элем. Менин эрким кете баштады. Бул сүйүү эле, мен андан коркком. Жан дилим жана назик сезимдер менен Айяга берилип, мен өзүм үчүн башка эмоциялардын бүтүн гаммасын ачтым. Менин жүрөгүмдө жан кыйнаган күрөш жүрүп жатты. Албетте, мен Айяны таштап койсом деле болот болчу, бирок кандайдыр башкарган күч мени ары көздөй тартып жатты. Ошентсе да, менин жан-дүйнөмдө караңгы бул тактар бар эле, ага бирөөнүн эмес, жада калса өзүм дагы карагандан да коркчумун. Эс алуудан мени мөөнөтүнөн мурда чакырып алышты. Айя менен ажырашкым келген жок. Дагы жакшы Аминге иштеп жатып, мен тез-тез жана көпкө чейин Лондондо боло алат элем. Мен биринчи жолу бактылуу болчумун. Кийинки үч жылда биз Айя менен бир далай тез-тез жолугушуп турдук. Мен өзүмдүн эс алуумду анын үй-бүлөсү менен, алардын үйүндө Стокгольмдо өткөрдүм. Мен ал жерден биринчи жолу полицияга түштүм. Мен кун-фу күрөш чеберчилигинин ыкмаларын колдонуу кээ бир өлкөлөрдө мыйзам боюнча жазаланарын эсимде тутушум керек болчу, биз кылмыш укугун үйрөнүп жатканда, бул жөнүндө бизге айтылган болчу. Бир жолу тамеки сатып алганы чыгып, мен Айянын ата-энелеринин үйүнөн алыс эмес жайгашкан сейил бактан аялдын кыйкырыгын угуп калдым. Жакынкы дүкөнгө кире калып, мен дүкөндүн узун үстөлүнүн арт жагында турган кишиге полиция менен байланышын сурадым. Бактардын арасынан мурдагыдай эле кыйкырык угулуп жатты, бирок чаңырган эмес, үнү басылгандай угулуп жатты. Мен сейил бакка октой жетип бардым. Мен үрөйүмдү учурган нерсени, эркектен бошонгонго аракет кылып жаткан аялды көрдүм. Тигинин шымы чечилүү эле. Ал жырткычтай болуп, өзүнүн курмандыгын уруп жана анын көйнөгүн айрып жаткан экен. Көпкө ойлонбой зордуктоочуга ыргып жетип, анан кескин кыймыл менен аны четке ыргыттым. Тытылган аял өзүнө келгенче мен эркекти бутум менен жанчып жаттым. Күтүлбөгөн жерден кантип жерде жатып калганымды мен биле албайм. — Тургун! Полиция! Сержант мага каршы дзюдонун ыкмасын колдонду. Каршылык көрсөтпөй, эки башка полиция кызматкерлери зордуктоочуну кантип камап жатканын байкап жаттым. Аял бактын түбүндө отуруп алып, катуу бышактап, бир колу менен көз жашын сүртүп, башкасы менен тытылган көйнөгүн тартып жатты. Ал такыр алы кеткендей көрүндү. Мен аны соороткум келди, бирок полиция бекем кармап бошоткон жок. Ал дагы эле кырдаалды түшүнө элек окшойт. Акыр аягында, ал менин колумду кое берди, бирок менин таң калганым, ушул эле замат мага кол кишенди салды. Андан кийин зордуктоочу менен бирге жергиликтүү полициянын бөлүмүнө жеткирилдим. Мен болушунча өзүм чала сүйлөгөн швед тилинде түшүндүрүүгө колумдун келишинче аракет жасадым, анан бөлүмдө Айя жана анын атасы пайда болгондо гана тынчтана түштүм. Мен бардык күчүм менен эмне жөнүндө сөз болуп жатканын түшүнүүгө аракет жасадым. — Ал, сен ага жагымдуу көрүнүп жатасың деп айтып жатат, — деди шыбырап Айя, талашкандарды которгонго жетишүүгө аракет кылып жатып, — бирок сен мыйзамды буздуң. Чыгыш жекеме-жеке урушунун ыкмаларын колдоонуу биздин өлкөдө чечкиндүү түрдө тыюу салынган. Мен ачуумдун айынан өзүмдөн чыгып жаттым. — Бечара аялчы деги? — деп туталанып кеттим мен. — Так ошону менин атам ага айтып жатат. Сен чоң кырсыктан сактап калдың. — Ал аны түшүнүп жатабы? — Албетте! Бирок ал өзүнүкүн, мыйзам деген мыйзам деп кайталап жатат. Акыр аягында, сержант мага басып келди. Ал шведче жай сүйлөдү. Бул официалддуу эскертүү экен. Анан ал мага, менин бош экенимди жана бара беришимди айтты. Айянын атасы ыраазычылык менен сержанттын колун кысты. — Аз жерден жаман ишке дуушар болгон жокпуз! — деди ал, биз үйгө кайтып келе жатканда мага кайрылып. — Сени жок эле дегенде камерада түнү бою кармай алат эле. Айя мага бардык жактан жардам көрсөтүп жатты, бирок менин жумушум жакпай турганын мен сезчүмүн. Мен да кесиптик коркунуч өтө жогору экенин түшүнчүмүн. Мени каалаган убакта өлтүрүп кое алышмак. Бирок мен өзүм кызга карата ак-ниеттүүлүк менен мамиле кылып жаттымбы?Айя турмуш куруу жөнүндө сүйлөй баштады, мен аны катуу сүйгөнмүн жана анын ата-энеси, эжелери менен өткөргөн убакта ошол жылдары кандай көп нерсени жоготконум жөнүмдө далай ирет ой жүгүртчүмүн. Мен кадимкидей турмушту өткөргөндү сүйгөн үй-бүлө күтүп, келечекте балким балалуу болууну да каалачумун. «Бир нерсени өзгөрткөнгө убакыт келдиби?» — деп мен суроо берип жаттым. Тез эле, КЭАФдан кезектеги тапшырманы алып, мен Неаполго Аминди коргоо үчүн жөнөп кеттим. Менин ал жакта, Уильям жана Кевин деген профессионалдуу баскетболистер менен чогуу ижарага алган квартирам бар болчу. Алар дагы КЭАФтан каржыланчу. Телефон шыңгырап, трубканы Уильям алды. Бул бийик бойлуу, кара терилүү чикаголук жигит, ал такай балдардын үстүнө тамаша кылар эле. Мен телевизор карап отургам жана анын телефон менен сүйлөшүп жатканын уктум, бирок ушунчалык фильмге берилгендиктен, анын үнүнүн тонуна көңүл бурган жокмун, ал теливозорду өчүрүп, менин алдыма туруп калды. — Жигит, сен үчүн анчалык жакшы кабар эмес деп корком, Айя кырсыкка кабылыптыр… Анын сөзүнөн Айя Лондондо автокатастрофадан кайтыш болуптур. Кандайдыр-бир автомобилди обу жок кубултуп айдагандар оор жүк ташуучу транспортту озуп кетебиз деп, каршы учураган тилкеден анын курбусунун машинесине жарып киришиптир. Айя машинеде бара жаткандардын бардыгындай эле, көз ачып жумгуча өлүптүр. Менде болгон бардык сезимдерди кыжырдануу басып калды. — Эмне? Муну ким айтты? Эмне үчүн сен мени чакырган жоксуң? Сен деги эмне жөнүндө сүйлөп жатасың? Мен эмне жөнүндө ойлоорумду да билбей калдым. Уильямды ачуу менен урушуп, мен анын көкүрөгүнө бир тептим. Тигил полго кулап түштү. Мен ага ишенген жокмун. — Бул сенин келжиреген тамашаңдын бириби! — деп мен аны каргап, башынан ылдый сөгө бакырдым. Бирок жүрөгүмдүн тереңинде Уильям чындыкты айтканын түшүнүп жаттым. Уильям мындай нерсе жөнүндө тамашалабайт болчу. Ушул кабардан кийин менде кандайдыр-бир нерсе сынып калгандай болду. Мезгил-мезгил менен мени ушунчалык бир ачуу курчап алчу, аны башкаруу кыйын болуп калды. Бир жолу кечинде мотоциклди түртүп чыгарып, акылынан адашкан адамдай көз көргөн жакка айдап кеттим, мен жолду тандабай эки полиция кызматкери менин артыман кууганча зымырап жөнөдүм. Мен алар менин артыман жүрүп, талкаланып жана тоо чокусунан туңгуюкка түшүп кетишин каалап жаттым. Андан кийин эмне болоору мага баары бир эле. Өмүрбү же өлүмбү — айырмасы кайсы? Мен полицияларга аябаган жарышты уюштурдум. Акыр аягында, мен тынчтанып жана токтогонго жарадым. Полициялардын ачуулары келип турган эле. Тишимди кысып, бир да сөз айтпай, мен аларга өзүмдүн дипломаттык күбөлүгүмдү көрсөттүм. Алар ушундай куугандан кийин эч бир демин баса албай жатышты. «Кана, болгула, жигиттер, тумшуктан нары бир койгулачы»,— деп ойлодум мен, мендеги ачуу ушундай буркан-шаркан болуп жатты. Алар кылдаттык менен менин күбөлүгүмдү текшеришти, анан момундук менен өз мотоциклдерине отуруп, кетип калгандан башка эч аргалары жок болчу. Дипломаттык иштин кызматкерине алар колдору менен да тие албайт болушчу. Жолдошторум менин ичимди күйгүзгөн ачуума алым жетиш үчүн кантип жардам берерин биле алышпады, андыктан атайы менден жашынып жатышты. Жүрөктөн чыккан сүйлөшүүлөр алар үчүн эмес эле. Алар мындай балдар эмес болчу. Бир жолу кечинде Уильям мени менен жөн эле сүйлөшкүсү келди, бирок сүйлөшүү мен анын тумшугун жарам деген убада менен бүттү. Бир жолу, оор ойлорго бастырып, мен Неаполдун борборундагы башка көчөдөгү жарым караңгыланган чакан ресторанга кирип калдым. Жалгыз болууну, отурганды, ойлогонду, өз үңкүрүмдө жашынганды кааладым. Мен бардын стойкасына келип, бир стакан сүт сурадым. Бармен каткырып жиберди, бирок менин ачуулуу көзүмдү көрүп, ушул эле жерден жаагы жап болду. Мен кайра кайталадым: — Сүт, мына акча, — анан ага купюраны бере салдым. — Сүт менен соода кылбайбыз... — Анда сок бергин! — Чын эле түшүнүксүзбү? — деп сурады ал, өзүүнүн башынын үстүндөгү кулактандырууну көрсөтүп. — Пиво 5000 лир же бөтөлкө шампанский 12000. Андан кийин кызды тандап алсаңыз болот. — Кыздыбы? Дагы кайсы кызды? Мага эч кандай кыздын кереги жок! Мага жөн эле ичкенге берчи! Мен ал эмне жөнүндө айтып жатканын түшүнө албадым, мага жөн эле ушул жерде отуруш керек болчу. — Пивобу же шампанбы? — Пиво бер! — деп кыйкырдым мен. Дагы бир секунд болсо — мен бул барменди турган жеринде жыга чабат элем. Мен ичүүгө даярданбаган пивону алып, стойкадан нарагыраак столго отурдум. Бир-эки мүнөттөн кийин мага кандайдыр бир бийкеч келип отурду. Ал ачык эле он сегиз толо элек эле, анын бети калың ботала кылып боелгон жана андан үрөй учуруучу атыр коңурсуп жаткан, мен ага эч нерсе түшүнө албай карадым. Эмне деген дагы көрүнүш? — Эмне сага? — деп сурадым мен. — Мага ичкенге бир нерсе сатып берчи… — деп жооп берди ал. Мен бир азга эмне кылаарымды билбей калдым. Ал жасалма кирпиктерин кага карап, жана оозунун бурчу менен жылмайып турду. Бул менин ачуумду келтирди. — Макул, сага эмне? — Шампанды каалайм. «Ал жинди эмес»! — деп ойлодум мен, бирок талашпастан барменге сураганын заказ бердим. Ал шампан бөтөлкөсүн алып келип, столдун үстүнө 17000 лир эсепти калтырганда менин кыжырымдын кайнаганына чек жок эле. — Эмне жөнүндө сүйлөшөбүз? — деп сурады уятсыз кыз таттуу үнү менен. Менин кыжырым келди. — Мен деги сени менен сүйлөшкүм келбейт! Эми бул жолу кызга сөз айта албай апкаарыган кезек келип калды. — Мейли, анда сен мага эмне үчүн шампан сатып алдың? — Сен ичем деп суранбадыңбы. Акыр аягында бул жерде эмне болуп жатканы мага жетти. — Ичкиликке төлөдүңбү, демек, мени менен сүйлөш, — деп ал наздана сүйлөдү. Мен кыйын абалда калдым. — Бул жөн эле жаңылыштык. Мен жалгыз калгым келет, — дедим ордуман турайын деп жатып. — Жок, суранам сенден! Мындай кылба! Анын үнүндө айласы түгөнгөндүк бар эле. — Чын эле, сен мени менен түнөп чыкканды каалабайсыңбы? — Жок. Мен столдон тура баштадым, бирок ал мени колумдан кармап калды. — Сенден суранам… калчы, мен жөн эле сүйлөшкөнгө кубанычта болом. Кыз сактык менен көз карашын стойка жакка бурду. Мен эмне кылаарымды билбей да калдым. Мен жалгыз болгум келди, бирок бир эле мезгилде да кызга боорум ооруду. Эгер азыр кетсем, анда мен каякка барам? Эмнеге мен бекеринен убараланам жана ушул жөнүндө ойлоном? Ошондуктан мен кыз менен чакан ресторанда эки саатай бармендин тикийген көз карашынын астында курулай сороюп отура бердим. Кийинки күнү мен жакынкы кафеге кирип, андан кечээги кызды көрүп таң калдым. Ал столдо отуруп, тырмактарын тиштегилеп, журналга кызыгып жаткандай түр көрсөттү, канткенде да мен аны бир караганда тааныган жокмун. Кечээ кечинде чакан ресторанда караңгыраак эле, бирок мен аны ошол эле адепсиз аягы суюк аялдарга таандык кийими, жыты жана шыбалган бети боюнча тааныдым. Мени байкап алып, ал жылмайып, андан кийин уялымыш болду. Мен эки кофе алып, андан кийин анын столуна келип отурдум. Алдыңкы күнү кечинде мен өз турмушумдун кээ бир жерлерин, Айя жана катастрофа жөнүндө айтып бергем. Азыр анын кезеги келди окшойт. Ал аты Розанна экенин жана Неаполго Румыниядан келгенин, университетке өткүсү келип, бирок өз денесин сатып иштеп жатканын, бирок бул ишти жек көрөөрүн жана аябай андан уялаарын сүйлөп берди. Ал көз жашын кармоого күчү жетпей, ыйлап отурду. — Мунун сага эмне кереги бар? — деп сурадым мен. — Мени сатып алышты,— деп жооп берди Розанна. — Ата-энем мага 16 жаш болгондо эле мени сатып жиберишкен. Алар мени бага алышпай калган. — А эмне үчүн сен кожоюндарыңдан качып кетпейсиң? Жөн эле туруп качып кетпейсиңби? — Анте албайм, мен сага айтып жатпайынбы, мени сатып алышкан. Паспортум аларда, менин акчам жок. — Адамдарды буюм катары сатканга жана сатып алганга болбойт. Мен сага качканга жардам берем. Айянын өмүрүнөн кийин биринчи жолу менин ойлорум жалаң эле өз маселем эмес, башка бир нерсе менен алаксуу болду. Менин эсиме өз убагында уурдап кетишип жана Шанхайдын борделинде иштөөгө мажбурлаган аталаш эжем Сюй Мин түштү. Менин аялдарды ушундай жол менен күчтөп иштете берген ишкерлер менен сыпайлык кылууга убакытым жок эле. Розанна мени менен сүйлөшүп отуруп, ортонундагы алтын шакекти айлантып жатты. Качан мен жардам берем деп убада бергенде ал шакекти чечип, анан аны мени алууга ынандырды. Шакек менин чыпалагыма гана туура келди. Сигареттин пачкасына өзүнүн дарегин тарбаңдатып жаза салып, Розанна кетип калды. Бир аз кечирээк мен мотоциклчен көп квартиралуу чакан ресторандын бурчунун артындагы үйгө, ал жерде Розанна менен жолукканы келдим. Ал мени көчөдө күтүп туруптур жана ушунчалык толкундангандыктан сүйлөгөнгө жарабай апкаарып калды. Кескин учур келди, бирок мен аракет кылганга даяр элем. Биз үстүгө көтөрүлүп, эки жагынан көптөгөн эшиктери бар узун коридордо болуп калдык. Кээ бир эшиктер ачык экен, мен болсо кыздарды карап турдум, бирөөлөрү уктап, башкалары жатып алышып журналдарды барактап жатышкан эле. Биз жандарынан өтүп бара жатканда, артыбыздан ышкырып калышты. Коридор боюнча эки эшикке кууп чыгуучуулар басып жүрүшкөн эле. Алардын бирөөсү мени көздөй басып келип, менин бул жерде эмне кылып жүргөнүмдү сурады. Түшүнүктүү иш, күндүн бул мезгилинде мындай конокторду күтүшкөн эмес. Анын үнү менин ачуумду келтирди. Эч бир сөз айтпай, мен аны бир согуу менен жыга чаптым жана тизем менен полго ныгырдым. Сөөктүн кычыраганы угулду. Андан кийин мен экинчисин да полго жаткырдым. Аны да ушундай эле тагдыр күтүп турган. Өзүнүн бөлмөсүнөн буюмдары салынган чакан сумкасын алып, Розанна мени биринчи кабаттагы кожоюндун кабинетине алып келди. Бул кичннекей, тыржыйган бети ач күзөндөй болгон киши экен. Мен, алар Розаннанын паспортун беришин талап кылдым. Менин тамашалабаганымды көрүп, анын кагаздарын тапканча, суурманы аңтара баштады. Ач күзөн каршылык көрсөткөнгө аракет деле кылган жок, бирок мен баары бир компьютердин мониторуна анын бетин сүздүрдүм. Кан менин кийимиме да чачырады. Кожоюндун каттарын ачкан концелярдык бычакты байкап калып, мен аны ала калып, шүмшүктү сайганга ниеттенип, тап берип калдым. Ушул учурда мен капысынан Розаннанын тике караган көз карашын байкап калдым. Мен уялып, бычакты алыс ыргытып жибердим. Кыздын колунан кармап, мен аны имараттан алып чыгып, мотоциклга отургуздум да, биз менин үйүмдү көздөй учуп жөнөдүк. Мен эшикти ачып жатканда Розаннаны дагы эле калтырак басып жатканын байкадым. Кожоюндун бөлмөсүндөгү териштирүү иши жөнүндөгү бир эле ойдон анын бетин коркунуч басып жатты. Мен, биз бул жерге жеткенче, ушул убакыттын ичинде анын эмне ойлоп жатканын божомолдоп билип жаттым. Ошол себептен анын көз карашын өзгөртүүгө аракет жасадым. Мен чындыгында мындай ырайымсыз эмесмин да. Ошондуктан мен кийинки жумаларда мени менен эмне болуп өткөнү жөнүндө сүйлөдүм. Розанна акырындап тынчтана баштады, аны мен уктаган бөлмөмө алып кирдим. — Сен мага ушунчалык жакшылык кылдың, — деди Розанна. — Мен сенин алдыңда карыз болгум келбейт. Ал колу менен бек кучактап, өзүнө каратып, эриндери менен менин эриниме созулду. — Жок! — Бирок, менин колумдан келгени ушул. Менин акчам жок. — Мага акчанын кереги жок. Сенден мага эч нерсенин кереги жок. Мен Розаннага керебетин көрсөтүп, өзүмө болсо көйнөктөр илинген шкафтан жуурканды алдым. — Эгер бир нерсе керек болсо, чакыргын. Мен конок бөлмөдөгү диванда болом, — деп мен бөлмөдөн атып чыктым. Кийинки күнү мен Розаннаны аэропортко алып барып, ага үйүнө билет сатып бердим. Анын үстүндө чоң свитер жана жинсы бар эле. Бетинде шыбалган эч нерсе жок эле. Мен азыр гана анын кандай сулуу экенин көрдүм. — Мен эч качан сенин жакшылыгынды унутпайм. Бирок ыраазычылык билдирейин десем, менде эч нерсе жок! — деди ал. Мен ага акча салынган конвертти бердим. — Эми түзүк колледжге кире аласың, — дедим мен Розаннага, эмнегедир өзүмдү анын атасы катары сездим. Анын көздөрүнөн жаш мөлмүлдөй түштү. Ал мени жаагымдан чоп эттирип, назик жаш баладай өөп койду. Андан ары мен жөн эле анын учакка кетип бара жатканын карап турдум. Шаарга кетип бара жатып мен кечээ күнкү окуяны, өзгөчө тигил ишкерлер менен болгон жазалоону кайрадан эстеп, баштан өткөрүп, кейип жаттым. Анчалык жаман эмес, керек болсо жакшы болчу. Ошондо мен бул кишилерге окшогондорду алардын канын сезмейинче ырайымсыз жазалаганды каалагам. Ар бир сокку берген сайын менин ачуум жоголуп жатса дагы, бирок мен кыйратууну улантуу менен токтоно албай жаттым. Мен бул кандуу азгыруудан кутулуш үчүн көзүмдү жумуп, мотоциклди такыр эле көңүл койбой айдап бара жаттым. Мен уялып жаттым, ошентсе да мени жаңы эңсөө курчап алганын сезип жаттым. Бул боорукерсиз, ажырата алгыс жана токтотконго күч жетпеген эңсөө эле. Анык жиндилик. Мен мотоциклди буруп, газды басып, тоону көздөй айдапжөнөдүм. 8-бөлүм Мен бир да мүнөт жалгыз кала албадым, ошондуктан мен эч кандай чөйрөнү издеген жокмун. Эч ким менен да сүйлөшкүм да келген жок. Мен бош убактымды барларда жана ресторандарда кубанган, жылмайган санаасыз адамдарды кароо менен өткөрчүмүн. Эч ким менен сүйлөшкүм келген эмес. Мен көңүл ача турган жайларга барчумун, себеби алардын уу-дуусу, опур-топуру жүрөктү эзген ооруну басканга жардам берчү, бирок бул жерде катышканга себеп калган, мен аягына чейин билбеген дагы башка кайгылуураак, коркунуч туудурган бир себеп бар эле. Оозумдан таң калаарлык даам кетчү эмес. Ал мен биринчи жолу борделде адамды урганда металл түрүндөгү кошумча пайда болгон даам. Мен аны унутканга аракет кылдым. Бирок ал уламдан-улам пайда боло берди. Бул менин жаалданган ачуумдун, жапайы, денелик жактан канды самаган даам болчу. Ырайымсыз факт — бул менин күтүлбөгөн жерден өзгөрүүмдө эле. Тынчтык, токтоолук, сергектик жол менен баруу жоголуп кетти. Азыр мен карама-каршылыкты гана эңсеп калдым. Бир жолу, КЭАФ мага анча көп эмес эс алууну бергенде, Амин Файедге капысынан мени жумуш менен жүктөш керек болуп калды. Мени менен түздөн-түз байлынышып, ал аны менен Кипрдин борборунда, Никосияда жолугушуумду суранды. Чынын айтсам, менден сурангандын деле кереги жок болчу. Биринчи эле бош болгон кечте мен түнкү Никосиянын турмушуна чөмүлдүм. «Afrikanas» барында эл жык толгон эле, бирок мен өзүмө баары-бир обочо бурч таап, анан креслого жантайып отуруп, келгендерди байкай бердим. Бул жерде даттык аскерлердин компаниясы көңүл ачып жатышкан. Мен аларды жек көрүү менен карап жаттым. Ушул эле учурда башкалар ырдашып жана кол чабышып жатышса, алар бири-бирине рюмканын артынан рюмканы көңтөрүүгө түрткү болушуп, көңүл ачышып жатышты. Көбүнчө күчтүү спирт ичимдиктерин ичип жатышты. Эки метрдей солдойгон узун аскерлердин бири биринин артынан бирин алты кружка пивону тынымсыз ичүү менен бардыгынын кол чабуусуна ээ болду. «Келесоолор,— деп ойлодум мен, — силерге сабак бергим келет, анан да силер сырткы көрүнүшүңөрдөй көрүнгөнүңөрдү, чын эле чечкиндүүсүңөрбү, ошону көргүм келет». Убакыт өтүп жатты. Аскерлер көз алдыбызда мас болушуп, чуулдашып жана жаңжал чыгара башташты. Кошуна кабиналардын биринде үч кыз ичип отурушкан. Эч кимге жолтоо болбой өз ара сүйлөшүп отурушкан. Алар мага Айяны жана анын эжелерин эске түшүрдү. Ушул үчөөсүнүн бири назик жүздүүжана ак саргыл чачтуу эле. Так эле Айяныкындай. Кыздар өздөрүнүн бир нерселерин сүйлөшүп жатышкан, бирок жаш жигиттер капысынан кошуналарга кызыгуусун көрсөтө башташты. Качан ак саргыл чачтуу кыз бардын стойкасы көздөй жөнөгөндө алардын бирөөсү аны ээрчип алды. Мен сырттан байккап турдум, кыз андан жабышпоону сылык суранганын, бирок жыйынтык чыкпаганын карап турдум. Менин каным кайнап баштады. Ал өзүнүн заказын көбүрөөк күткөнчө, ошончо бул датчандык көшөрө баштады. Ал ага артын салды — бирок бул да ага жардам бербеди. Ак саргыл чачтуу кызды солдат жайына койгусу келбеди. Өзүм отурган креслонун эң четине жылып, мен экөөнөн көзүмдү албадым. Аскер башка жагынан келип, кайрадан анын астына туруп калды. Ак саргыл чачтуу кыз да бурулуп кетти, ошондо ал аны ийинен кармап, одоно жулкуп, аны бети менен өзүнө кайрыды. Ушул учурда мен кыздын көздөрүнөн коркууну байкап калдым. Кыз кутулганга аракет кылды, бирок жигит ага бекем жармашып алган эле. Мени жарымы жек көрүү болгон ачуу толтурду. Эч нерсени ойлобостон, мен бардын стойкасына атырылып, стаканды сындырып, анан андан калган нерсе менен датчандын бетине сайдым. Аябаган ызы-чуу көтөрүлдү. Даттык аскерлер, онон экидей киши ошол эле замат стойкага атырылышты. Бирок мен алардын арасынан жыландай жылып өтүп, тепкич менен ачык жарык кылынган көчөгө жүгүрүп чыктым. Азыр менде турмуштагы маанилүү оперативдүү кенендик пайда болду. Аскерлер өлгөндөй мас эле, ошондуктан мен алардын бардыгын ушул жерде оңой жаткызаарымды эң сонун түшүнүп жаттым. Муну чоң эмес, тар барда аткаруу мүмкүн эмес эле. — Болгула тезирээк! Келгиле, даам таткыла! — бакырдым мен. Менин денемдин ар бир булчуңу кармашууну самап жатты жана адреналин сиңирген сыяктуу көрүндү. Мас аскерлер күңгүрт бардан көчөгө темселеп чыга башташканда, мен аларды токтотуп, биринин артынан бирин бетке же жука чурайы жагына согуп жаттым, кантсе да алардын бирөөсү мени муштуму менен көзгө берип калганга жетишти. Өтө катуу оору көз чөйчөгүмдү күйгүзүп өттү, бирок бул менин ачуумдун отуна май куйгандай эле болду. Мага аларды бардан чыгууга мажбур кылуу аздык кылып жатты. Уруп, кыйратып жана майып кылгым келди. Канды самап, жаалдануу менен аскелерге секирип, мурундарын жарып, сөөктөрүн сындырып жана аларды аябаган күч менен майып кылып жаттым. Мен ачуум кармаган кезде, улам барган сайын менин тамырларымда кан кандайча күч менен согуп жатканын сезип жаттым, ошол эле убакта ар бир сокку берип, тепкен сайын, уруу жана кыйратуу жөнүндөгү эсеп-кысапсыз каалоо жалаң гана күчөй берди. Андан кийин сиренанын ызылдаганы угулуп, полиция пайда болду. Бирок мен караңгылыкка житип кеттим. — Кечээ чоң эмес трам-тарарамчик уюштурдуңбу? — деп сурады менден Амин, көз кысып жана кулагына чейин жылмайып. — Өзгөчөлүү эч нерсе деле эмес, — деп мен согулган оң көзүмдүн тегерегиндеги көгөргөн жерди сылап жатып, жооп бердим. Мени анын бул окуя жөнүндө билип алганы туталантып жатты. Эгер ал муну билбесе таң калыштуу болмок. Ал куу, сак жана оор басырыктуу киши болгондуктан, мени менен мамиле кылганды билчү. Албетте, Амин анын кызыкчылыгына пайда алып келе турган мендеги өзгөрүштү шыр эле баамдады. — Бүгүн кечинде ойнойбуз, — деп кулактандырды ал, анан алаканын чаап, резинка менен байланган жоон эки даана таңгак банкнотту алыш үчүн сейфти ачты. Казинодо толтура эл бар экен, биз Амин экөөбүз зал аркылуу өткөнчө, бирөө ийилип, кимдир-бирөө катуу кол кысышуу менен саламдашып, аны менен аз жерден ар бири эле саламдашкан жок. — Оо, кожоюн Файед, бүгүн ишиңиз оңунан чыгат деп ойлодуңузбу? — деп бизди казинонун башкаруучусу тосуп, өзү үстөлгө чейин узатып барды. Аминди бурчта эң сонун үстөл күтүп турган, Амин жылмайып койду. Качан крупье картаны тарата баштаганда, Аминдин бетинде өзүнө өзү канааттангандыктан баштап, ач көздүккө чейинки көп түргө өзгөргөн сезимдер пайда болду. Оюн мына-мына башталайын дегенде, капыстан Аминдин жанында кандайдыр-бир киши пайда болуп, аны менен сүйлөшө баштады. Бейтааныш бушайман болгон жана ачуулуу түрдө эле. Мен өзүмдүн ордумдан боссумдун ар бир мүнөт сайын ачуусу күчөй баштаганын көрүп турдум. Мен чыдамкайлык менен андан белги күтүп жаттым, андан кийин басып барып жанына туруп калдым. Бейтааныш ачык эле жүрөк заада болуп, бирок мурдагыдай эле Аминге бат-бат жана айласы кеткен үн менен кайрылып, жабышып жатты. Мен башка белгини күткөн жокмун. Бул адам качан гана Аминдин колуна тийейин деп аракет жасаганда, мен аны башка жакка сүйрөп барып, полго жыктым. Башка эч нерсенин кереги деле жок эле. Ал тура калып, андан кийин чыга турган жакты көздөй чуркап жөнөдү. Амин жактыруу менен башын ийкеп коюп, оюнун уланта берди. Эртеси күнү босс мени өзүнүн пентхаусуна чакырып калды. Ал мени менен өзгөчө сыпайы болгондуктан, мен мындан ары эмне болоорун билип койдум. Азыр мен бардыгына даяр элем. Эртеси күнү мен Аминге өтө чоң сумма карыз болгон адамга бардым. Бул өтө белгилүү курал жарак саткан адам болчу. Мен аныкында күтүлбөгөн жерден пайда болгондуктан, анын үстүнөн капысынан чыгып калдым. Кароолчулар жок болгондуктан, соодагер жалгыз экен. Мен ага кожюн Файедге карыз болгон акча үчүн келгенимди айттым. Соодагер жөн гана жылмайып койду. Анын өзүнө өзү ишенген, текебер жылмаюсу көп эле бай жана беделдүү кардарлардын жүзүн кооздогон, мурдун чүйрүүсүнө окшош эле. Менин аз жерден кусуп жиберейин дедим. Ал эмнеге эле өзүн көрсөтүп жатат? — Өзүңдүн боссуңа айтып кой, мындай акча менде жок, — деп айтты ал. — Мен аны менен толугу менен жуманын аягында гана эсептеше алам. — Ушул сөздөр менен ал мага эшикти көрсөттү. Менин ачуум келди, бирок анча деле эмес, анткени анын сааты али келе элек экенин билгем. Амин жоопту билгенден кийин, ачуулана түкүрүндү. — Кайра баргын, анан бүгүн эле кечинде аны төлөгөнгө мажбурла, — деп буйрук берди ал. — Төлөп бүткөн соң, түрүн бузуп ташта! Мен менен мындай түрдө сүйлөшкөнгө көнгөн эмесмин, бирок мен баары бир Аминге чексиз берилген элем. КЭАФ мага анын коопсуздугу үчүн маяна төлөчү, калганынын мага тиешеси жок эле. Менде кардардын алдындагы милдеттенменин аткарылышы тууралуу гана жоопкерчилик бар эле. Аминдин буйругун аткаруу, мага КЭАФнын жүктөгөн милдеттенменин ичине кирчү эмес, бирок азыр мен өзүм мыйзамды кылмыштан бөлгөн чекти ашканга аракет кылдым. Мени бир эле ой, өзүнө уялбаган түрдө, менин кардарым менен мамиле кылганга мүмкүндүк бериши эле кыжырдануумду келтирип жатты. Ошондуктан мен тааныш болуп калган үйгө кайтып келип, мага буйруган нерсенин баардыгын аткардым Амин иштин ушундайча айланганына ачык эле канаатангандыктан мени марттык менен сыйлады. Чындыгын айтсам, мага Аминдин марттыгы эмес, соодагерге жиндилик менен кылган жазалоом аябай жакты. Ананчы, ал менин тиги зордукка суусаган, баш ийбеген, мени баш аягымдан бери ээлеген күч эле. Бир жолу мен тамашасы жок казинодо,Чадды — өтө зор бойлуу африканецти карап — анын акчаны ыгы жок сарп кылып жатканын көрүп ачуум келди. Ал залда басып жүрүп, сүйлөшкөн кишисине эле шампан заказ кыла берди. Ал жарым-жарты жылаңач официанттарга мүмкүндүгү болгон жерине тыга салган буралган банкноттору, анын ар түрдүү эңсөөлөрүнө мейли деген мамиле кылганга мүмкүндүк берди. Мен бул африкалыкты жакшы билчүмүн. Ал Аминге өтө чоң суммадагы акча карыз эле. Кыскасын айтканда, бул ар-намыстын карызы эле. Ошол күнү мен анын үйүнө жөнөдүм. Мен зор өзгөчө үйгө келдим, анан качан африкалыктын чарбасын башкарган кишиси мени кое бербей койгондо, эшигин жөн эле ыргыта койдум. Үрөйү учкан адамды бутунан жыгып, мен Чаддын мейманканасына зордук менен кирдим. Ал кыжырдана баштады, мен анын өзүмдүк жайына кийлигишкениме эч кандай укугум жок деди. Бирок мен анын сөзүн бүтүргөн жокмун. Африкалыкты чачынан кармап, качан ал китеп текчелерине кошо тургузулган зор сейфти көрсөткөнчө ура бердим. Аминге тиешелүү акчаны алгандан кийин, мен Чадды дубалга жөлөп алып, анын кырсылдаган сөөктөрүнө жана кандын жытына сүйүнүп, аны майып кыла баштадым. Ушул убакта бөлмөгө африкалыктын эки баласы “Ата, атаке!” деген жапайы кыйкырык менен бөлмөгө чуркап киришти. Акыр аягында балдардын өкүрүгү мени эсиме келтирди. Мен африкалыкты кое бергенимде, ал полго оор кулап түштү. Балдардын жанынан тез өтүп, мен жоголдум. Мен Чадды жазалоодон кийин көп убакыт тынчтана албай жана мотциклдин шинасынын чаңырганын элестеткен салтанаттуу өкүрүктү чыгарып жаттым. Менин оюмдагы сезимимде анын балдарынын элеси турду, бирок мен демимди ичиме катып, аларды алыс кууй баштадым. Анан мени кууган жаңы кандын жытына магдырай баштадым. Ушуга окшош драмалык чатак чыгаруу аз эмес эле, ошондой болсо да мен ар бир учурда барган сайын өзүмдү жырткычтай алып бара баштадым. Мен Амин үчүн да өзүнүн сааты келээрин түшүнчүмүн. Ал баардыгы үчүн жазасын тартыш керек болчу. Бир жолу жалданган киши өлтүргүчтөр аны таап алышып, өздөрүнүн булганыч иштерин жасашат. Ошондой эле КЭАФ менин бош убактымда эмне иштегенимди билсе, мени менен аябай чындап катуу текшеришээрин түшүнчүмүн. Мунун алдын ала сактап калуунун бир жолу — мен кол салгандарды мен жөнүндө ооз ача албагандай кылып коркутуу же майып кылуу эле. Менин ата-энеме кайрылсам, алар баштагыдай эле, эч нерсе билишчү эмес, ошондой эле менин турмушум жөнүндө билгенди каалашчу да эмес. Менин кыжырымды кайнатканы, алардын Айяны бир да жолу эстешпегени болду. Менин жашоомдо ал эч качан болбогон сыяктанып. Ага карабай мен ата-энеме ар дайым Лондонго келген сайын кирип, баары бир алардын турмушуна эң жогорку деңгээлде шарт түзгөнгө аракет кылчумун. Бир жолу кечинде апам атамды жаңы бирок, өтө кымбат дарыланууга мүмкүндүк пайда болгонун кулактандырды. — Албетте, бизде мындай акча жок, — деди ал. — Бирок операциянын алдындагы бир текшерүү үчүн Швейцарияда отуз миң фунт керек экен. Биз бул жерде ойлонуп, анан мындай деп чечтик, эгер сенин колуңдан келсе… Мен көзүмдү атамды көздөй көтөрдүм. Биринчи жолу көп жылдардын ичинде, атамдын көз карашынан үмүттүн учкунун көрдүм. Атам ыңгайсыз абалда жылмайды. Мага жакшы төлөшчү, бирок мен баардыгын туш келди жок кылгандыктан, ошол себептен банктын эсебинде да, өз жанымда да менде эч кандай каражат жок эле. — Мейли, эмне кылаарыбызды дагы көрөбүз, — дедим мен ата-энеме. Кипрге конгондон кийин, менинбиринчи жумушум, ушул көйгөйдү — акча табышка кириштим. Аминге деле кайрылсам болот болчу, бирок мен эч кимге карыз болгум келген жок. Ошол мезгилде мен бардык кишилерге жана алардын менчигине ар кандай сыйлоону жоготуп койгом. Аминге иштеп жүрүп, мен карыздарды чогулткан, аяганды билбеген, андан дагы анык тоноочу болуп калгам. Мен акчаны көздөй багыт алдым. Атамды операция кылыш үчүн, аны табыш керек. Муну кылыш кыйын деле болбойт. Мен Никосиядагы өтө бай адамдарды билчүмүн, ошондуктан курмандыкты тандоо — кеп эмес. Ошондой болсо да чечим кабыл алышым керек болчу. Кандайдыр бир тыюу салынган сызыкты өтүш керек эле. Ошентип мен чечим кабыл алдым. Тигил жакта жаман, кайсы жагынан айлантсаң да анык жаман жигит бар болчу. Бир жолу кечинде мен анын шаардын четиндеги үйүнө жулкунуп кирип, анан кайсы жерден гана таба алган акчанын баарын алып кеттим. Ушул убакта, ким мага жолтоо болом дегендин баары оңгон жок. Менин жырткыч болгум келген жок, бирок мени буга мажбурлашты. Мушташуу мен үчүн кошумча сыйлыктай эле болчу. Мен үстөмдүктө болуп жана жаңы жеңиштерге суусачумун. Мен ыкка көнгүс элем. Шаарга кайрылып келип, мен чечкиндүү түрдө беш жылдыздуу отелдердин бирине бет алдым. — Беш жүз жетинчи номер, — деп мен текебердене, бир секунддун ичинде ачкычтар илинген шитти бир карап өтүп, талап кылдым. Портье мага ачкычты карматты. — Жагымдуу кеч болсун, сэр. Ага жылмайып, мен лифтти көздөй багыт алдым, тез эле бешинчи кабатта болдум «Баардыгы өтө жөнөкөй»,— деп ойлодум мен. Номерге кирип алып, мен шыр эле тартмаларды аңтара баштадым, анан издеген нерсемди тез эле таптым. Бул адамдар ким болушпасын, алардын аң-сезиминде бир эле: акчаны чачуу болчу. Мен бул акчалардын баардыгын ээлеп алдым, анан кийинки отелге жөнөдүм жана башкалар. Тез эле мен шиттеги ачкычтардын катарын көз ачып-жумганча эске тутканды, кайсы ачкычтар жанында жайгашканына көңүлүмдү бурганга үйрөнүп алдым. Андан кийин мен керектүү номердин ачкычын өзүмө талап кылчумун. Бул номерди тоногондон кийин, мен балкон аркылуу коңшу, андагы жашоочулар менин эсебим менен ушул учурда жок болгондуктан, токтоолук менен өтүп кетчүмүн. Мен айнек эшиктерди жылдырып, акырын ичине кирчүмүн. Бир жолу, кезектеги номерди коңторуп бүтүп, мен сактана түштүм: тынчтыкты сырттагы үндөр, ачкычтын буралган үнү бузду. Терезенин пардасынын артына жашынып, мен демимди ичиме алдым. Жаш жигит менен кыз кирди. Менин жандарында экендигим жөнүндө алардын оюна да келген жок. Эгер алар айнекке келишсе, мен эмне кылышым керек? Мен оозумдан тез эле тааныш металлдын даамын сездим. Коркунучту сезишпей, жуптар көңүл ачып жатышты. Мен алардын номерин тазалап койгон элем. Аларды майып кылуунун эч кандай кажети жок болчу. Мен аярдык менен балконго чыгып, артымдан айнек эшикти жаап, бир балкон ылдый түштүм. Ошол бир эле кечте, мен атама операция үчүн жетишерлик акча топтодум. Бир нече күндөн кийин мен Никосиянын аэропортунан ата-энемди тосуп алдым, аларга керектүү сумманы тапшырдым. Ата-энем психикалык күчтүү таасирде эле, эми атама операцияга даярдыкты өтүшкө мүмкүн эле. Алар менин квартирамда болушуп, андан кийин мүмкүнчүлүк болушунча тезирээк Лондонго учуп кетиш үчүн, аэропортко кайрылып келишти. Ата-энемди аэропортко калтырып коюп, мен эки жолдошум менен жолугушууга макулдашкан, Лимассолду көздөй жөнөдүм. Ысык кеч эле, шаарда болсо бактылуу курортто эс алуучулар жана таймшер[16] шартында апартаментин бере турган тажатма ишкерлер толтура эле. Бир чөйчөк кофе менен убакытты кыскартып жатып, биз өзүбүз жөнүндө айтып берип, анан жан-жакка көзүбүздү узатып жаттык. Бир канча убакыттан кийин англичандардын тобу пайда болду. Алар бизден алыс эмес жерге чоң айкаш жыгачты орнотуп коюшту. — О жо-ок, машайакчылар эмес… — деп жылмаюу менен созду, менин Канадалык жолдошум. Машайакчылар өздөрүнчө гитарада ойношуп, ырдай башташты, Кевин болсо алардын үстүнөн шылдыңдай баштады: — Машайакчы маңкурттар! Фанатиктер — алар Африкада да фанатиктер. Мен күлүп жибердим, бирок ачуусуз, анткени алар менен менин бир чекитте тийишүүм жок болчу: машайакчылар мага эч кандай тийген эмес. Алар ырдап бүткөндө, англичандардын бирөөсү насаат айта баштады. Анын үнү катуу эле, көпчүлүк нары-бери өткөндөрдүн күлкү жана ачуу тамашасына карабастан, ал топ жөн эле басып жүргөн кишилерге кайрылып сүйлөөсүн уланта берди. Колундагы бөтөлкөсү менен ал кыйкырып жатты: — Ким ушул бөтөлкө винону алгысы келет? — Андайлар табылган жок. — Кана, келгиле, таптакыр бекер. — Бул жөн эле жакшы винонун бөтөлкөсү. Бул белек эч нерсеге турбайт. — Псих! — деп кыйкырып жиберди Кевин. — Кана, келгиле, суранам силерден, бул жакка өткүлө жана белекти алгыла. Насаатчы күлкү кетирээрлик эле, каяктагы вино — мен ансыз деле өзүмдүн чөйчөктөгү кофем менен бактылуу болчумун. Кевин капысынан өз жолдошторунун бирөөсү менен клубда жолугушууга жыйналып калды. Чынын айтсам, мен анын досторун көрөйүн деген көзүм жок эле. Өздөрүнө ишенген келжиректер, алар өздөрүнүн иштеринен бөлөк, башка эч нерсе жөнүндө сүйлөй алышпайт эле. — Бара бер, мен сени кечирээк кууп жетем, — дедим мен Кевинге. Насаатчы мурдагыдай эле үйүлгөн топко баягы эле бөтөлкө винону сунуш кылып жатты. Бул болжолу менен менин жашымдагы чачы ийнине жеткен киши эле. Анын үстүндө футболка жана бермуда болчу. «Студент, окшойт го..» — деп ойлодум мен. Акыр аягында ага орто жаштагы аял аярдануу менен жанына барды. — Кана, мен аламын… — деди ал. Насаатчы ага бөтөлкөнү тапшырганча, тим эле басып жүргөн кишилер селдейип калышты. — Мынаңыз, мынаңыз! Эч кандай шарты жок ! Бул белек… — деп кайталады жигит. — Жөн эле астыга чыгып, анан алыш керек. Кайраттуу аял топтолгон элдин ичиндеги өзүнүн ордуна барды, насаатчы болсо, акырында, өзүнүн үгүтүнүн эң маанисине жетти. — Так эле ушинтип Ыйса куткарууну белекке берет, — деп айтты ал. — Ыйса баардыгын сүйөт, Анын куткаруу белеги эч нерсеге турбайт. Биз баарынан мурда кыла турган нерсебиз — бул аны кабыл алышыбыз гана керек. Кудай бизге эч нерсени таңуулабайт. Ал Өзүнүн белегин сунуш кылат, астыга чыгууну же чыкпоону — силер чечишиңер керек. Ушул жерден мен мырза Сайзерди, өзүмдүн мектептеги мугалимимди, анын «куткаруу» деген сөздү түшүндүргөнүн эстедим. Ал кандай үйрөткөн, куткаруу — демек кечирүү жана баарын башынан баштаганга мүмкүндүк берүү, Кудайдын алдында таза болуу. «А мени болсо эң катуу тазалагыч менен тазалаш керек болот го», — деп капалануу менен ойлодум мен. Акыр аягында, жөн жүргөн эл азайганда, машайакчылар өздөрүнүн буюмдарын чогулта башташты. Бир мезгилде насаатчы менин көз карашымды кармап калып, ошол эле замат мага басып келди. — Сизге уруксатпы? —деп сурады ал. — Албетте. Ал мага жаман жигиттей көрүнгөн жок, мага анын акылында эмне бар экенин билиш кызык болду. Ал өзүн Мартин деп тааныштырды. Биз экөөбүз бир канча убак эң башкысы, анын тобу эмне жумуш аткараарын сүйлөшүп отурдук. Алар Лимассолго бир нече күн мурда келишип жана бир эки ай жергиликтүү машайакчылар коому менен иштегенди пландаштырышыптыр. Бул район менен тааныш болгондуктан, мен ага бир катар пайдалуу кеңештерди бердим жана бат эле жалпы жөнүнөн, өзүмдүн Кипрге кантип келгенимди айтып бердим. — Сизге Майкл Райт менен таанышыш керек, — деп айтты Мартин. — Ал сонун жигит. Түндүк Ирландиядан, бирок азыр бул жерде жашайт. Силер түшүнүшө алат элеңер. Анда кандайдыр бир нерсе бар эле… бул Мартинде. Ал шексиз, боорукер жана ыкыластуу киши болчу. Ал өзү жөнүндө, жыйын жөнүндө жана Кудай жөнүндө айтып берди. Бирок мен анын аракетинин себебин түшүнө алган жокмун. Ал менден эч нерсени деле жашырбай, ачык сүйлөп жатты. Мага шыр эле, машайакчы катары ар бир адам Ыйса жөнүндө билишин кааларын, Ал бардыгын сүйөөрүн айтып берди. Мени анын диний бекер сандырагы эч кандай кызыктырган жок, бирок Мартин өзү, жаман адам эмес көрүнөт. Мындайча айтканда, ал жөн эле адамдарга жардам бергиси келген окшойт. Мындайларды эч ким менен алмаштыра албайсың. Качан анын жолдоштору кетүүгө даярдана башташканда, Мартин алар менен чогуу кетиш үчүн ордунан турду. Мага анын тобунда болуу жагымдуу эле, ошондуктан мен коштошоордо ага колумду сундум. Мартин бир секунддай токтой калып, мындай деди: — Угуп туруңузчу, биз квартирабызга кетип баратабыз, биз менен жүрүңүз. Бизде азыр кечки тамак … Мен, чынын айтсам, өзүмдү катуу жоготуп койдум. Мени анча деле эч ким конокко чакырчу эмес. Мен мунун артында эмне жашынып турат болду экен деп божомолдоп жаттым, бирок баары бир Мартиндин сунушун кабыл алдым. Барам деп чечтим мен, мага эмне болмок эле, эгер бир нерсе болсо алардын баардыгы соо калбайт. Машайакчылар ижарага алган квартира, Лимассолду толтурган, жайнаган отпускниктер ижарага алган кватиралардан эч айырмасы жок эле. Мартин мени өзүнүн жолдошторуна тааныштырды. Булар жылуу жүздүү жана жайдары өтө жаш жигиттер эле. Мага алардын менин айланамда бир да бекеринен убараланышпаганы жана ашык суроо беришпегени жакты. Биз чогуу кечки тамакты ичтик, андан кийин болоор-болбос нерселер жөнүндө сүйлөшүп отурдук. Мага аларда болгон кандайдыр-бир жаңы жана жагымдуу нерселер ачылды. Кээ бир балдар сүйлөшүү учурунда тиги жигиттин — Майкл Райттын атын айтып өтүп жатышты. — Бизге жыйынга келиңиз, — деп алар мени чакырып жатышты. — Сиз ал жактан аны менен таанышасыз. Мен бул жөнүндө бош учурумда ойлонойун деп убада бердим. Алардан кетип бара жатып, мен чынында эле качандыр-бир убакта аларга бараарыма үмүт кылып, кулагыма жеткенче жылмайып бара жаттым. Азыр болсо мага Кевинди кууп жетиш керек эле. Клубда мени маанилүү иш күтүп турган. Бирок мен алардын жыйынына такыр эле жете албай койдум. Бир нече күн өткөндөн кийин, мен көчөдө бара жатсам, күтүлбөгөн жерден менин жаныма полициянын машинеси токтоп калды. — Машинеге отургун, — деп полициянын бирөөсү талап кылды. Мен аны урушуп таштадым. — Эч ким мага тийгенге акысы жок, — дедим мен ага, өзүмдүн дипломаттык күбөлүгүмдү көрсөтүп. Ошондо офицер наганын алып чыкты. Мен аны карап туруп күлүп жибердим. Мени көрүнүшү боюнча, чалдыбары чыккан, ушундай бир качанкы оюнчугу менен коркуткусу келгенин кара. — Мейли, эгер силерге ушул спектакль жагып жатса, — деп мен одонолук менен каяша айттым. — Мени өзүңөрдүн бөлүмүңөргө алып баргыла, ошол жактан мени кантип кое бергенин көрөсүңөр. Мен такыр корккон жокмун, ошондуктан аларды арамзалык менен коштоп койдум. Ошол кечте мен таптакыр бош болчумун. Биз качан полицияга келгенде, менин дипломаттык кол тийбестигиме түкүрүп коюшту: кепсиз-сөзсүз жер алдындагы камерага ыргытып ташташты. Менин британдык өкүлчүлүктүн кимдир-бирөөсү менен байланыштырууну талап кылганым жоопсуз калды. Мен толук башкалардан бөлүнгөн абалда отурдум, кечинде саат ондордо гана менин жалгыз камерама полициянын формачан тобу кирип келди. Алар менин колума кишен кийгизип, анан суракка алып жөнөштү. «Мына, эми жамандыкты күтө бер, — деп ойлодум мен. — Айыпты коюшат, күрөө коюп бошотушат, андан кийин өлкөдөн чыгарып ташташат». Ушул мезгилге чейин мен капалана баштадым, алар мага олуттуу бир-нерсе тагышпаса экен: мени өтө көпкө дейре алдын ала камоо камерасында кармап коюшту. Үстөлдүн үстүндө үйүлгөн папка иштери менен жаткан эле. Күзөтчү офицер биринчи ишти ачып, суракка киришти. Папканын ичинде качандыр-бир кимдир-бирөөлөр тоноп кеткен материалдар топтолгон экен. Мен өзүмө тонолгон номерлердин бир гана бөлүгүнүн күнөөсүн алдым, анткени мен башкалардын көпчүлүгү жөнүндө эч нерсе билчү эмесмин. Мен башка тонолууларга тиешемдин жоктугун тана баштаганда, полициянын кызматкери катуу ачууланып кетти. Ал менден бардык ишти моюнума алат деп күткөн окшойт. Бирок мен жасабаган кылмыштар үчүн дегеле күнөөнү моюнга алгым келген эмес. Офицер токтоп калган жок. Мен ал мага суроолорду жаадырып жана керектүү жоопту алмайынча тынчыбасын түшүндүм. Ал чымыркануудан тердеп, тердин тамчылары анын маңдайынан ылдый каштарына тамып, андан кийин анын шалбыраган муруттарына агып жатты. Атмосфера кызый баштады, ошентип мен, ал мени карама-каршы сүйлөөдөн кармаганга аракет жасаарын түшүндүм. Азыр мага токтоолукту сактоо жолтоо болбойт эле. — Мен бир да сөз айтпайм, элчилик менен сүйлөшмөйүнчө, — дедим мен ага. Ал күлүмсүрөп жана семиз шилисин сыйпалап койду. — Мен британиянын элчилигинин өкүлү менен жолугушууну талап кылам! Мен бул сөздү айтып бүткөнчө, ал бардык күчү менен мени жаакка шарт чапты. — Менден эчтеке талап кылба. Сенин элчилигиң сага окшогон шүмшүк менен жолукканды каалабайт. Бул жерде сен менин өлкөмдөсүң, ошондуктан сени, өтө чоң жагымсыз иштер күтүп жатат окшойт. — Анан, жакын келип, ал мага түз эле бетиме түкүрүп жиберди. Менин ушунчалык кыжырым кайнап жатты. — Ах сен канчыктын баласы! — деп киркиредим мен, жарылган эринимден канды сезип. Мен ушуга чейин эч качан мындай ыңгайсыз абалда калган эмесмин. Колумдагы кишендер аны бутум менен башына тээп, бөлмөнүн карама-каршы жагына жибергенде ушунчалык денеме батып кетти. Башка полициялар ошол замат мени курчап алышып, андан кийин колдору жана буттары менен токмоктой башташты. Эркимди жыйнап, мен муштумдарды жана тепкилерди кабыл ала баштадым. Кайрадан камерага түшкөндө, мен өзүмдүн ал-акыбалымды ойлой баштадым. Кыязы, мен анык жаман абалга дуушар болдум окшойт. Кызык, эгер Амин бул окуя жөнүндө билсе, анда мени бул жерден алып чыгаар беле? Кийинки күнү мени кечки саат онго чейин эч ким чакырган жок. Анан мага ошол эле полициялардын өздөрү келишти. Азыр алар менин колдорумду жана буттарымды кишенге салып ташташты. Мен сүйлөөдөн баш тарттым, ошондуктан кайрадан ырайымсыз түрдө токмоктолдум. Токмоктоолор бир нече түндөр бою кайталанып жатты, ошентип мени ар качан аябай жаалдануу менен сабай башташты. Мени сабоо полициялар үчүн кандайдыр-бир кандуу спорттун түрүнө айланды көрүнөт. Мага алар барган сайын улам-улам көбөйө бергенге окшоду. Ырайымсыз токмоктоолорго мени эле сабашкан жок. Мен коңшу камералардагы камакка алынгандардын сүйлөшкөндөрүн уккан болчумун. Кээ бир шордууларга көрүнөө эле өтө азап көрсөтүшчү. Ар күнү кечинде суракты, мен кылбаган кылмыштарды менин моюнума асканга аракет жасаган тигил семиз офицер алып барчу. Бир жолу ал өзүнүн жасакерлерине мени жаңы катуу кыйноого даярдоого буйрук берди. Менин бут кийимимди ыргытып ташташып, алар менин бутумду отургучтун жөлөнгүчүнүн тешигинен чыгарууну буйруду. Кароолчулардын бири менин бутума отурганда, офицер, табалап жылмайып, бардык күчү менен мени резина таякты алып, согончогума уруп жиберди. Ошол эле замат чыдагыс, жан ачыткан оору мени тешип өтүп, толкун болуп бутумду жана аркамды көздөй өтүп кетти. Бул азап көрсөтүү жөнүндө бизге мырза Чжандын мектебинен айтышкан эле. Женева конвенциясы боюнча «bastinado» деп аталган бул азап көрсөтүүгө тыюу салынган, бирок бул тажаалдарга тыюу жок эле. Мен тиштендим. Семиз дагы тап берди. Мен бошонгонго аракет жасадым, бирок согончогума мурдагыдай эле күчтүү сокку алдым. «Мейли, күтүп тургула, — деп ойлодум мен, — силердин суу жериңер да калбайт». Мени эсим оогончо сабашты. Андан кийин менин бутумдун астынан отургучту сууруп алышты. Менин отто күйгөндөй болгон тамандарым бетон полго жанымды сыздата тийди. Акыр аягында аларды чакадагы таштай муздак сууга жазалоонун изин билдирбеш үчүн салып салышты. Ушундай түнкү катуу кыйноолордон кийин мен бир жумадан кийин баса албай калдым. Ушундай шартта каршылык көрсөтүү натыйжасыз эле. Менин колумду жана бутумду кишенде кармашып жана бул көрүнүшкө кызыгуу менен караган сегиз москоол эркектердин катышуусунда азап көрсөтүштү. Дагы эмнени ойлоп чыгарышат болду экен. Менин башыма автожарышка катышкандардын шлемин кийгизип алышып, мени дубалды чаба турган курал катары кармашып, керилип туруп металл чакан шкафтарга урушчу. Менин көзүмдөн от чачырап, мен көп жолу эсимден тандым. Качан баш кесерлер мени полду көздөй ыргытканда, мен аларды каргап жана жек көрчүмүн. Качан мен далымды карай бурулганда, ошол эле замат жука чурайыма келтек менен сокку жечүмүн. Менин бүт денем карышып калчу. Кандайдыр-бир мезгилде мага баары бир болуп калды: жашайм же жашабайм. Мен атайын аларга карама-каршы аракет жасай баштадым. Алардын бири мага металл блендер менен кол салып калды. — Колуңду сун, — деп талап кылды ал. Блендердин мизи өтө чоң ылдамдыкта, менин көз алдымда айланып жатты. — Эмне үчүн колумду? Кел шыр эле бетиме, — деп мен кыйкырып, ага түкүрүп жибердим. Баш кесерлер жаалданып кетишти. — Эми, мен сенин сазайыңды берем, Энтони! — деп айкырды күзөттөгү офицер. Ушул сөздөр менен ал чалдыбары чыккан наганынан патрон алып чыкты. — Кана — карачы, бул маслина сен үчүн.— Ал менин бетиме патронду такап, андан кийин анын бош барабанын толтурду. Айланадагылардын баары катып калышты. Мага болсо бары бир эле. — Кана, бол эми! Атпайсыңбы, же ичегилериң ичкеби…— деп мен семизди шаштырдым. Мен өлө турганыма сүйүнүп жатым, Айянын кайгылуу өлүмүнөн кийин менин турмушум максатсыз үмүт үзүүнүн айланпасына айланып калган эле, ошондуктан эски нагандын огу менин куткаруучум болчу. Семизге менин коркунучтан калтыраган түрүмдү көрсөтүп, ага ыракат алып келгенди каалабай, мен андан көзүмдү албадым. Мен анын күн мурун даярдалбаган орус рулеткасын коштой алат болчумун, анткени мен күчтүү адам элем. Полиция офицери созуп, менин ырайым кылгыла деп жалбарышымды күтүп жатты. Имараттын ичинде үрөй учурган жымжырттык пайда болду. Анын бетинен тер ылдый мончоктоп агып жатты, кыжырдануунун калтырагын басыш үчүн, ал наганды эки колу менен кармап жатты. Барабандагы жалгыз патрон кайсы жерде болгонун, мен так билчүмүн. — Бол, эми, коркок, гректик салпаяк! Мен сени менен ойногонго даярмын, — деп мен анын айласын кетирдим. Сөгүнүүнүн агымын жаадырып, офицер менин алкымыма чейин нагандын стволун киргизди. Кургак тырс эткен үн угулду. Мен селт этип да койгон жокмун. Наганды полго ыргытып жиберип, офицер бөлмөдөн атып чыкты. Бул жиндидей кырдаалдан кантсе да чыгыш керек болчу. Ошол мезгилде, качан эртең мененки смена эртең мененки тамакты бере баштаганда, мен кишенделген билегимдин терисин ушунчалык сыйрып таштагандыктан, кансырап калган элем. Күзөттөгү офицер ал турсун коркуп да кетти. — Силерге айтып жатам го, алар мени өлөрчө уруп жатышат. Мага медициналык жардам керек, — деп жалдырадым мен. Мындай караганда, ал түнкү мыкаачыларга караганда адамгерчиликтүү киши болчу. Мага аны жөн эле мени түрмөдөгү ооруканага жибергенге көндүрүш керек болчу. Бир сааттан кийин мени ал жакка эки полициянын коштоосу менен алып жөнөштү. Ооруканада менден кишенди чечишип, жаракаттарымды тазалап чыгышты. Эми менин билектерим ушунчалык бинттелгендиктен, эч кандай кишен же кол кишен салганга мүмкүн эмес болчу. Баары план боюнча бара жатты. Мен ушул эки полицияны аяп да кеттим, алар мени колумдан кармап алып бара жатышканда. Көз ирмемде артты көздөй тоголонуу — анан мен боштондуктамын. — Токто! Атамын! Бирок полициялар өздөрүнүн тапанчасы менен алпурушуп жатканда, мен кобранын жалган маневрун жасап, анан ийри-буйру болуп көчөнү кесип өттүм. Алар ошентип атканга да үлгүрбөй калышты. Тез эле тынчтыкты полициялардын сиренасынын чуулдагы бузуп кетти. Бул Лимассолдун районунда тынч эле, көчөдө кишилер аз болчу. Ар кандай коркунучтарга даяр болуп, мен жалпак чатырдын үстүндө суналып жатып, түндүн киришин күтө баштадым. Ылдый жакта полициялар көнгөн ыкма менен кварталдын артынан кварталды абдан карап жатышты. Мен мурдагыдай эле өзүмдүн жашынган жеримде калдым. Караңгыда чатырдын үстүндө жатып, мен кийинки айлардагы окуяларды ойлой баштадым. Мени муң баса баштады. Мен ким болдум? Мен эмне кылып жатам? Бир кызыктай сезимдер менин бүт денемди ээлей баштады, ошентсе да дагы бир жеримде ачуу жана талкалоо, майып кылуу жөнүндөгү жапайы суусоо калып жатты. Оор ойлордон кутулгум келип, мен көзүмдү ушалай баштадым, бирок тез эле жеңил, үзүлмө уйкуга кирдим. Мен таң атканча өзүмдүн квартирама жашыруун кирдим. Телефондун трубкасын кулагыма кысып, дем албастан мен автоматтык чакыруунун үнүн угуп жаттым. — Бол, эми, болгулачы! Лондондо араң эле эртең мененки сегиз эле, менин ата-энем демейде эртең мененки тамактын алдында эч жакка чыгышчу эмес. Саат чыкылдап, мүнөттүн артынан мүнөт кетип жатты. Мен трубканы ордуна коюп жерге отурдум, башымды колума коюп, ой жүгүртө баштадым. Мен полицияларга түшкөндөн баштап, анча деле көп убакыт өтпөптүр. Мага атам же апам менен сүйлөшүш керек. Каякка жоголуп кетишти? Эмне үчүн трубканы алышпайт? Мен эки сааттай алар менен байланышка аракет жасадым, бирок тилекке каршы, натыйжасыз. — Миссис Даунинг, бул мен, Тони Энтонимин, кечирип коюңуз, сиздин тынчыңызды алганыма. Бир аз тынуудан кийин, менин ата-энемдин кошунасы, ким менен сүйлөшүп жатканын түшүндү: — Оо, Тони. Сен Кипрдесиңби? Иштериң кандай? — Мен ата-энем менен байланышайын дедим эле, бирок алар трубканы алышпай жатат. Сиз алардын каерде экенин билбейсизби? Дагы узакка созулган тыныгуу пайда болду. — Миссис Даунинг? — Тони, алар кетип калышты. — Кетип калыштыбы? — Алар квартирадан мындан бир канча күнү мурда кетип калышкан. Биз сени билет деп ойлогонбуз. Менде силердин квартираңардын сактап коюлган бир ачкычы бар. Алар сага кээ бир буюмдарды калтырып кетишти, мындайча айтканда — ал жерде таптакыр эч нерсе жок, — деп жооп берди миссис Даунинг. Мени күндүн каршы-терши соккусу ургандай, демим кыстыгып кетти. — А алар кайсы жакка кетишти? — деп мен эң акырында үнүмдү зорго чыгардым. — Мага өтө аянычтуу Тони… — Алар сизге даректерин да калтырышкан жокпу? Алар жок дегенде бир нерсе калтырышы керек эле да! — Эч нерсе калтырышкан жок. Алар керек болсо биз менен да коштошушкан жок. Жөн эле чүмкөлгөн машине зыр деп келип токтоп, анан алар кетип калышты Мен трубканы аппаратын рычагына таштап жиберип, анан көмөкөйүмө тыгылган тоголокту жутканга аракет жасадым. Мени ачуу муунтуп жатты, өзүмдү эс-акылыма келтириш үчүн, мен дубалды муштумум менен үч жолу согуп калдым. Мен алар үчүн кылган бардык иштеримден кийин, кантип мага ушундай мамиле жасашты? Кийинки бир нече сааттын ичинде мен өзүмдү жалгыз, жээксиз океанда чөгүп бара жаткандай сездим. Менин ата-энем дагы бир жолу мени таштап кетишип, эскирген жаракатты ачкандай болуп жана менин азап чегүүмдүн бардыгын үстүгө алып чыгышты. Мен бардык кийинки жылдары Айя жөнүндөгү кусалыкты өзүмдөн жашырганмын. Азыр бардык басылган сезимдер менин жүрөгүмдө дүрбөлөң түшүрүп жана мени ичимден муунтуп жатышты. Терең тартылып жана акыл-эсимди жогото, мен чылымды биринин артынан бирин тарта бердим. Мен ачуумдун кармаган кезинде муштумдарым менен үй эмеректерин талкалап, өзүмдүн ата-энемди жана өзүмдүн жашоомду каргай бердим. Акылсыздыкты эшиктин коңгуроосунун үнү токтотту. 9-бөлүм Эч нереге акылым жетпей, мен эшикти ачтым. Револьвердин оозу так эле менин бетиме такалды. — Токто, ордуңдан жылба! Мен алдыңкы күнү мага медициналык жардам алганга көмөктөшкөн тиги боорукер полиция кызматкерин көргөндө, шыр эле өзүмө келдим. — Сен эмне кылдың, Тони? Эмне үчүн качып кеттиң? — деп сурады ал. Ал жалгыз көрүнөт. Полицияда, мен өзүмдүн квартирама батынып кайрылып келээримди күтүшпөсө керек. Дагы бир жолу качып кетиш эч кандай деле кыйынчылык туудурбайт болчу, бирок мен жөн эле чарчаңкы түрдө ага карадым. — Мен сизге айтпадымбы. Мени ал жакта сабап жатышат. Анын үнүндө башкача жумшактык бар эле, эгер коюн-колтукка кирбесе, анан кол кишенди да кандайдыр-бир аныкталбаган жаңдоо менен чечкиндүү эместей сунду. — Качканга аракет жасасаң, атып таштаймын, — деп тынч гана айтты ал. Мен колумду сундум, ал билектериме кол кишенди салды. — Бир гана сизден суранам, токмоктогонду токтотуп, элчиликтен кимдир-бирөөнү чакыргылачы… — Көрөбүз, эмне кылса болоорун, — деп мени машинени көздөй алып бара жатып убада берди ал. Мен кийин гана ал өз убадасын аткарганын билдим. Тез эле ушундан кийин тиги семиз офицердин кошоматчылары жумушун жоготуп коюшту. Бирок бул шыр эле болгон жок, ошондуктан биринчи эле түнү мен тааныш болуп калган он сааттык шыктануу менен жасаган тазалоону баштан өткөрдүм. Мындан башталды, семиз кирип келип анан шашпай бөлмөнүн ичинде баса баштады. — Ошентип, Энтони мырза, сиз менин канатымдын алдына кайрылып келдиңиз. Толкунданбаңыз, сизден суранам. Бул жолу биз сиз жөнүндө өтө жакшы кам көрөбүз. — Ушул сөз менен керилип туруп, ал мени жаакка бир чапты. — Азыр, ишенем, сиз жооп бергенге даярсызбы? Мен көзүм менен полду тиктеп, унчукпадым. Токмоктоо башталды. Согончогума согуу болгон жок, бирок мени колдоруна эмне тийсе ошону менен ура беришти, андан кийин, чачымдан кармашып, полго сүйрөй башташты. Эң акырында, менин шалбыраган денемди отургучка ыргытышып, анан тамеки сунуш кылышты. Мен бурулуп кеттим. — Кана, бүтүргүн, бүтүргүн, сага айтып жатабыз. Мен туура ойлогон адаммын, мени менен сүйлөшкөнгө болот, — деп күзөтчү офицер грек тилинде сөздү созулган ыкма менен сүйлөй баштады. Тамекини тартып бүтүп, ал аны менин оозума тыгып таштады. Мен ошол замат эле түкүрүп салдым. Дагы бир серия токмоктоолор ээрчиди. Акыр аягында, мен кызматташам деген чечимди кабыл алдым. Иштин баары бул кыйноолордо эмес болчу. Мен жөн эле чарчадым, мага бары бир эле. Мен эми эч нерсе жана эч ким жөнүндө ойлогон жокмун. Ата-энемден башка. Эмне үчүн алар мени кара санатайлык менен сатып ташташты? Азыр мен аларды качан болсо да, мурдагыдан өтө катуу жек көрүп жатым. Мен өзүмө толуп жаткан бардык тоноолорду, өзүмдүкүн да, башкалардыкын да мойнума алдым. Бир канча күн өткөн соң мага Британия элчилигинен бир адам келди. Бул өтө сылык, ачык костюмчан жана стилдүү күнгө каршы көз айнек тагынган англичан эле. — Сизди чакыруу өлүмгө жибергендей эле болду го! — деп мен аны өтө жактырбай тосуп алдым. Киши мага «Мальборо» пачкасын сунду. — Бизге, сиздин биз менен жолугушууну каалабайт деп билдиришти. Мен тамеки чектим; менин колдорум чалдардыкындай, калтырап жатты. — Эмне деп жатасыз? Качан мени камакка алгандан баштап, мен ар күнү силер менен жолугуштурууну талап кылып жаткам. — Биз сиздин камакка алынганыңыз жөнүндө билгенбиз, бирок бизге, сиз жардамдан баш тартты деп айтышты, — деп кайталады англичан. — Муну менен биз эчтеке кыла алган жокпуз. Оңойлук менен ишенүүгө болбойт. — Тилекке каршы, биз азыр гана, — деп улантты британия элчилигинин өкүлү, — сиздин бизди кабыл алууга даяр экениңиз жөнүндө, жергиликтүү кимдир-бирөөлөр аркылуу официалдуу маалымат алдык. Мен элчиликтен келген жигитке ушул мезгилге чейин мында баштан өткөргөндөрүмдүн баардыгын ирети менен айтып жатканда, ал улам өзүнүн галстугун оңдоп жана отургучта туталанып, ойдолонуп отурду. — Биз сиз үчүн колдон келгендин баардыгын жасаганга аракет кылабыз, — деп ал убада берди. — Бирок сиз бир топ олуттуу кылмыштарды жасадыңыз. Гректер кайдан эле бизди туура түшүнсүн жана кандай болсо да жактырышпайт. Биз кандайдыр-бир мезгилге чейин жымжырттыкта отурдук. — Элчилик сизди адвокат менен камсыз кыла алат, сиз түшүнгөндөй, акталуунун эч кандай гарантиясы да жок, — деди ал. — Биз сиздин ишиңиз боюнча соттун заседаниеси жакынкы үч күндүн ичинде болот деп ойлойбуз. Бул жолугушуудан кийин мени кайра камерага алып барышты. — Менин жолдошум, кутмандуу күнүң менен! — деген саламдашууну уктум мен, офицер эшикти ачып, мени ичине киргизгенде. Сабаттулук менен айтылган англис сөздөрүн угуп, мен аябай таң калдым. Орто жаштагы нигериялык жатып алып китеп окуган жеринен туруп келип, анан менин колумду бекем кысты. Адегенде бул боорукердин болушу мени сүйүнткөн жок, кантсе да, мени түнү жинди менен калтырышпаганы жагымдуу эле. Чынында, анын тамашасын жана келжиректерин угууга чыдаш керек болду. Ачыктан ачык, ал эч кандай кылмыш жасабагандыктан, аны мында адашып отургузуп коюшкан окшойт. Байкуш нигериялыктын визасы менен бир-нерсени чаташтырып алышса керек, текшерип бүткөнчө ал камакта кармалып турат. Мен, кокусунан ал мага окшогон адам менен бир камерада отургандан корксочу деп ойлодум. Балким, чын эле ошондойдур, кантсе да сыртынан ал мага таң калаарлыктай жоош көрүндү. — Билесиңби, менин бир тууганым, бул китепти сен окуп чыксаң жакшы болоор эле, — деди ал өзүнүн китепчесин мага тапшырып жатып. Мен атын окудум — «Даңктын дарбазасы менен». — Эмне жөнүндө жазылган бул жерде? — деп сурадым мен эч кандай кызыгуусуз... — Мындан сен Ыйса Машаяктын укмуштуудай сүйүүсүнүн күбөлүгүн табасың, — деп жооп берди ал. Ал сүйлөп жатканча, мен сыпайгерчилик менен китепти карап жатым. Ушул жерден мен Лимассолдогу жолуктурган көчөдөгү жаш насаатчы Мартинди жана студенттерди эсиме түшүрдүм. Бир канча сааттан кийин менин жаңы жолдошумдун артынан көзөмөлдөөчүлөр келишти. Боштондукка! — Таптакыр жоголбогун, — деп жылмайды нигериялык. — Мага Лагоско конокко келгин. Китептин бетине өзүнүн атын жана дарегин чиймелеп, нигериялык мага китепчени сунуп, анан колун коштошконго сунду. — Кудай сага батасын берсин, Тони Энтони, — деп айтып, ал чыгып кетти. Анын кетиши менен камерада башкача бир тынчтык өкүм сүрдү. Нигериялыктын сөздөрү баары бир мени тынчтандырып жаткан, азыр болсо түндүн кириши менен кыжырдануу жана дүрбөлөң түшүү кайрадан мени ээлеп алды. Мен ата-энеме ачуум келип, өзүмдүн жүрөгүмдү айыгыштырып жаттым, бирок кантсе да, мурдагыдай эле аябай аларды издегим келип жатты. Мага боштондук керек эле. Кыжырдануум бара-бара жаалданууга өткөн сайын, мага мени көздөй бөлмөнүн шыбы түшкөнсүп, дубалдары бардык жактан кыскансып көрүнө баштады. Демим кыстыгып жана коркунучтуу боло баштады. Мен өзүмдү башкара албай калдым. Оор дем алып, демим кыстыгып жатканын сездим. Жаңы абадан дем алууну кааладым. Бул кандайдыр-бир азап чегүү эле, мага өзүмдүн денем мени муунтуп жаткандай сезилди. Эшикке ыргып жетип, мен колум жана бутум менен тарсылдатып, боштондукту талап кыла баштадым. Натыйжасыз. Ошондо мен дубалга өзүмдү толук алым кеткенче, полго жыгылып калмайынча ура бердим. Пол чаңдуу эле, анан менден аккан тер, чоң тамчы болуп полдо чогулуп жатты. Ушул жерден мен жыгач отургучтун астындагы таштандылардын арасынан ийилген капкагы бар жанчылган эски консерванын банкасын байкап калдым. Мени калтырак басты. Мен дүүлүгө капкактын металл шакекчесин жулуп алып, жаалдануу менен билектеримди кесе баштадым. Урушуп жана каргыш жаадыра, мен теримди сыйрып, батыраак өлгөндү каалап жаттым. Бирок анан шакекче ийилип кетип, сынып калды. Калган бөлүгү менен мен негизги артерияларга жеткенге аракет кылдым, бирок баары курулай болуп жатты. Өзүмдү-өзүм өлтүрүү аракетим текке кетти. Менин билектеримдеги сыйрылган жерлеримден кан сызылып агып жатты, бирок мага өзүмдү чечкиндүү жарадар кылууга эч кандай мүмкүндүк болбой жатты. Акыр аягында, тизелеримди көкүрөгүмө такап, мен уктап кеттим. Өтө зор атам заманкы шыптагы вентилятор соттун залында коңурсуган абаны айдап жатты. Элчилик мен үчүн иш боюнча кээ-бир документтерди даярдаптыр, бардык күчүм менен грекче бат сүйлөөшүүлөрдү түшүнгөнгө аракет кылсам да, бирок көп нерсесин мен биле албай койдум. Иштин жүрүшү котормочусуз болуп жатты. Мен өзүмдүн алсыздыгымды жана толук үмүтсүздүктү көрдүм жана Айянын өлүмүнөн бери менин жанымды жеген, өзүмдүн каарымда күчсүз элем. Мени үч жылга отургузушту, бирок мага баары бир эле: мен ошондо өзүмдү ушунчалык оорулуу жана өтө чарчагандыгымды сездим. Сот болгондон кийин бир сааттын ичинде мени Никосиянын Борбордук түрмөсүнө алып бара жатышты, fylaki, бул мага кийинчирээк белгилүү болду. Ушунун баары 1989-жылы Ыйсанын туулган күнү майрамынын алдында болуп өттү. Жалгыз шыптагы лампа акиташталган дубалга күңгүрт жашыл түс берип турду. Эки офицер, экөө тең күлкү келтиргендей эриндерине жабышкан чылымдары менен, мага түрмөдөгү каттоонун процедурасын уюштурушту. Мени тинтип чыгышып, үч тегиздикте сүрөткө тартып алышты, манжаларымдын тактарын тартып алышып, андан кийин менин бардык болгон жөнөкөй эмеректеримди тартып алышты. Ордуна мага сайгылаган төшөк, самын, бир түрмөк даараткана кагазын жана баштыкчага салынган коопсуздук устарасын берип, түрмөнүн түрү суук ичине алып барышты. Бул жер-жеринен дубалдары түшүп турган атам-заманкы курулуш эле. Жапыз шыптагы оюктардан тигил же бул жеринен күндүн шоолалары түшүп турган эле. Биз тар таштуу тепкичтер аркылуу түшүп келе жатканда, мурунга өтө жаман, таптакыр чыдай алгыс каңырсыган жыт урунду. Кандайдыр — бир жүрөгүмдүн тереңинде дүрбөлөң пайда болду. Муштумумду түйүп, алаканыма тамтыгы чыккан тырмактарымды батыра, мен өзүмө эркимди бошотпоого буйрук бердим. Түрмө сакчылары бир-бири менен сүйлөшүшүп, ачуулана күлүп жатышты. Тепкичузун эки жагынан камералары бар бүтпөгөн коридорду көздөй ылдый түшүп бара жатты. Коридордун аягындагыдубалдын оюгунда оор бир жагынан ачылма эшик көрүнүп турган эле. Таштуу дубалдын түнт аймагында жана металл темир тордун арт жагынан күңгүрөгөн кыйкырыктар угулуп жана туталанган күлкү менен аралаш өкүрүк угулуп жатты. Түрмө сакчылар жакын арада токтошуп, камералардын бирин ачышты. Керебеттин ылдыйкысын көрсөтүп, алар грекче түшүнүксүз кандайдыр-бир эрежелерди айтып жатышты. Эскирген тер жана сийдик сасып жатты. Камерада полго оор чынжыр менен бекитилген, эки катар жети темир керебет бар экен. Адамдардын кандай гана бузулган түрүн бул жерден көрсө болот эле! Жогорку катарда экөө киркиреше жана кышылдашып, жапайы айбанга окшошуп, кучакташып жатышыптыр. Алардын астында, ылдыйкы катарда, калтыраган кызыл беттүү жигит өзүнүн колун кир ийне менен сайып жаткан экен. Анын үрөйдү учурган тырыктарын жана тактарын карай албайт элең. Башка бирөөсү, гипноз абалында кыңылдап ырдап жана ыргалып, кайдыгер түр менен өзүнүн терисин устара менен тытмалап жаткан. Дагы бирөөсү таптакыр жылаңач сийдиктин чөлмөгүндө полдо отуруп алып, мурдуна солоп, бир нерселерди кыңылдап жаткан эле. Ушунун баардыгы кандайдыр-бир уят-сыйытсыз түрү сууктардын шоусуна окшош эле. Мени үрөй учурган коркунуч басты. Өзүмдүн керебетиме ыргып жетип, мен андан жалпак, бүргө толгон матрацты сыйрып алып, түрмө сакчыларына ыргыттым. Камерада айтып бере алгыс баш аламандыкпайда болду. Эл мен эч нерсеге карабай колума тийген нерсенинбаардыгын уруп жана талкалай баштаганда, коркконунан туш-тушкакачып жатышты. Качан түрмө сакчыларынын бирөөсү курунан келтегин алып чыгайын дегенде, мен аны колунан жулуп алып, тор тартылган жалгыз айнекти карай ыргытып жибердим. Келтек жолдон камактагылардын бирөөсүнө ушунчалык тийгендиктен, анын каны дубалга чачырай түштү. Жапайы кыйкырык менен мен керебеттен керебетке ыргып жаттым, ошол мезгилде камактагылар корккондуктарынан кыйкырышып жана ар-кайсы жакка жашынышып жатты. Беш мүнөтчө да өткөн жок, биздин артыбыздан камерага дагы наганчан жана резина келтекчен бир нече түрмө сакчылары кирип келишти. Мени буттан жыгышып, башыма курал такашып, өкүрүштү: — Эй, fylakismenos, болду, жетишет! Токто! Мен турганга аракет жасадым, бирок түрмө сакчылар буйрук берилгендей мага келтекчен асыла түшүштү. Таяк биринин артынан бири уланып жатты. Акырында, алар менин колумду артка кайрып, жоон тери кур менен байлаганга жетишишти. Бирок мен желкеме нокдаунга жибере турган кыйратуучу таяк жемейинче, бутум менен сокку берүүнү уланта бердим. Кандайдыр бир мезгилде эсиме келип, мени шагыл таштуу короодо сүйрөп бара жатышканын сездим. Мен элес-булас, абанын таза боло түшкөнүн сездим. Биз сыртта элек. Баардык азап чегүүлөрдөн кийин менин денем ооруудан күйүп жатты, башым дуулдап, кулагым шуулдап жатты. Күн ачык тийип тургандыктан мен көздөрүмдү аргасыздан жумдум. Башым айланып, менин кайрадан эсим ооду. Эсиме келгенден кийин, мен бир дагы терезеси жок бетон карцерде экендигимди көрдүм. Бул жийиркеничтүү, өтө суук жана караңгы камера эле. Шыпта илинген жалгыз чаңдуу лампанын күңгүрт жарыгында адамдардын заңдарын, кусундусун жана жандан ары-бери шимшилеп өткөн келемиш чычкандарды жана таракандарды көрбөй койгонго мүмкүн эмес эле. Мен, мага чейин канча жолу мага окшогон бактысыздар жаткан, тар жыгач секичеде жаткан элем. Мен аярдык менен өзүмдүн колдорумду жана буттарымды кармалап көргөндө, өзүмдөн эч бир олуттуу майып болгон жеримди тапкан жокмун, бирок менин бүткөн боюмдун баары зыркырап, башым чыдатпай чуулдап жаткан эле. Ың-жың жок, тынчтык өкүм сүрүп турду. Жабышкак коркунуч менин бүт денемди ээлеп алды, мен капаска айдалып киргизилген жырткычтай болчумун. — Өзүңдү колуңа ал! Кармангын! — деп өзүмө буйрук бердим мен. Мен ци энергиясына ээ болуп, медитация жасоону чечтим, бирок акыл-эстин ордуна келиши менден миллион жарык жыл алыстыкта тургандай болду. Мен ички дүйнөмдү тапкым келген, ал кандайдыр-бир мында, жанымда, колумду сунсам жете тургандай көрүндү, бирок тынчтык мага колдон келгис эле. Айла жок, менин оюмдагы көз карашыма азыр жашоосуз, караңгы коркунучтун туңгуюгу гана ачылып жатты. Эс акылымды жоготуп коюудан коркуп, мен тааныш элестерге көңүлүмдү топтоого аракет кылдым — мен өзүмө Сицзяндын калың токойлуу эңкейиш кырларын, өз убагында мен аңдып жүрүп тапкан ак жолборсту; абада күчтүү көңүл эргиткен атыр жыт тараткан калың кассийди жана гүлдөп турган османтусту (жайында бул жыт биздин кыштакка чейин жетчү); мен лыжада жүргөн Швейцариянын Альпасын; мен мотоциклде шамдагайлык менен кыдырып жүргөн жана менин күнгө күйгөн бетимди шамал урган Монакону; Гайд— парктагы көлдөгү эс алуучу кайыкты элестеттим. Үйүлүп келген эскерүүлөр мени бүт бойдон ээлеп алды, бирок, тилекке каршы, анын артынан одурайган чындык чыга келди; таятамдын запкы көрсөтүүлөрү, ата — энемдин чыккынчылыгы, Айянын кайгылуу өлүмү… Убакыт өтүп жатты, ошентип мен, акылымдан ажырап калаарымды сездим. Жыртык чатырлуу курулуш жана бузулган дубалдары менен жутуп жиберүүчү жырткычтай мени жутуп жиберүүгө даяр эле. Мен азыр саат канча экенин жана канча убакыттан бери бул жерде экендигмди билбедим. Сууктан жана коркунучтан мен бүт денем менен калтырап жаттым. Күтүлбөгөн жерден мени кандайдыр-бир күрс-тарс деген дабыш ыргып секирип турууга мажбурлады. Көрсө, бул күрс-тарс деген дабышты тамак таратуучу дөңгөлөктүү металл үстөл чыгарат экен. Түрмө сакчысы мага жылмайып койду, ушул жылмаюдан кийин менин жүрөгүмдө бир-нерсе көз ирмегенче эрип кетти. Ал грекче сүйлөп жатты, мен эч нерсе түшүнө албадым, бирок анын келишине сүйүнүп кеттим. — Lamarina, — деди ал, мага металл тарелканы чайы жана анын ичине майдаланып тууралган жумуртка, помидор жана наны менен берип жатып. Мен бул жийиркеничтүү аралаштырманы карап, унчуккан жокмун. — Жегин… пайдалуу… — деп ал мени ынандырып жатты. — Денени чыңдаш үчүн… Эч кандай арга жок эле. Мен бул аралашманын көбүрөөгүн жутуп, ага өзүмдүн ыраазычылыгымды жаңдоо аркылуу билдиргенге аракет жасадым. Күн артынан күн өтүп жатты, анан мен акырындап блокту коргогон түрмө сакчыларын өңүнөн тааный баштадым (varianos — деп түрктөрчө аталган кароолчуларды). Алар мага аздыр-көптүр адамгерчиликтүүдөй көрүнүштү. Алардан мен коңшу карцерде дагы бир туткунду, еврейди кармап турушканын билдим. Аны өзүнүн коопсуздугу үчүн кармап турушуптур. Убакыт өткөн сайын, Борбордук Никосиянын түрмөсү саясий жек көрүүнүн жана жиндиликтин топтолгон жери экенин түшүнүүгө туура келди. Палестиналыктар жана арабдар бир нече жолу бул еврейге кол салууну көрсөтүштү. Кээде жымжырт түндөрдө мага анын ырдаганы угулуп турчу. Мен убакытты текчеде жатып алып, шыпты кароо менен же тай-чи системасы боюнча көнүгүүлөрдү жасоо менен өткөрчүмүн: өзүмдү формада кармашым керек эле. Бир жумадан кийин мени суук карцерден алып чыгышып, кайрадан ички короонун таштак жолу менен, бирок бул жолу башка багыт боюнча, түрмөнүн башкы корпусунда жайгашкан, түрү суук конторага алып бара жатышты. Эски түрдөгү жазма машинкенин артында кандайдыр-бир кейпи жаман адам отурган. Үстөлдүн үстүндө таңгак иштер жаткан эле. Качан гана varianos мени ага жакын алып барганда, киши ошондо гана көзүн өйдө көтөрдү. — Антонио Энтони, — деди varrianosтун бири, жаза турган машинкенин артындагы кишиге кайрылып. Тигил оор үшкүрүнүп, ошол эле замат кагаздардан башын көтөрбөдү. Мен дагы мен үчүн эмнени ойлоп табышты экен деп, мындай го, тигиндей го деп ой жорууга түшүп, унчукпай турдум. Ошентсе да эки varianos мен ушул жерде жок болгонсуп, чоң үстөлгө отуруп алышып тамеки чегишип, бири-бири менен токтолушпай калжыңдаша беришти. Кандайдыр-бир убакыт өттү. Күтүлбөгөн жерден эшик ачылды, varianos ыргып турушуп, күзөттө турган сакчылардай какайып калышты. Бөлмөгө узун бойлуу офицер кийимчен киши кирип келип, катуу үн менен бир нерсе деп буйрук берди. Varianos көз ачып жумганча тамекинин калдыктарын өчүрүшүп, анан тикесинен тик тура какайып калышты. Офицердин артынан сырткы түрү түрккө окшош бирөө ээрчип жүргөн. Үстөлгө ыргып жетип, ал биринчиден офицерге отургучту алып чыкты. Андан кийин чөнтөгүнөн өтө чоң сигараны жана куту ширеңкени алып чыгып, жасакрленген түр менен офицердин алдына столго коюп, ошол эле замат бөлмөнүн бурчун карай кетенчиктеди. Ал коркунучтан калтыраган коенду элестетип, ошол жеринде туруп калды. Офицердик мундирчен киши, ушул жердегилердин баардыгы анын карамагында болгондой өзүн кармап жатты. Мундирдин жеңиндеги үч даража белгиси анын түрмө мекемесинде улуу офицерлердин бири экенин айкындап турду. Мага кийин айтышкандай, chowishi — бул өтө чоң түрмөнүн башкаруучуларынын бири экен. Бирок сhowishi ага даярдалган отургучка отурган жок. Анын ордуна ал бөлмөдө мени тегеренип баса баштады, бир мезгилде менин алдыма каккан казыктай болуп туруп калды. Андан сарымсактын жийиркене тургандай жыты жана ичкилик жыттанып турган эле. Ал мени суук көз караш менен тиктеп турду. Анын терең жайгашкан күрөң көзү жана жырткычтыкындай болгон көз карашы бар экен. Ал «коркок коенго» бир нерсе деп айтканда, тигил оң колун чыкыйына такап, майда кызматчынын колунан иш боюнча папканы алып, тез аны өзүнүн боссуна берди. Тигил иш кагаздарына ышкоо көз карашы менен көз жүгүртүп өттү. — Ах, Энтони мырза. Мен сен жөнүндө көп уккам… — деди ал англисче чала буруп сүйлөп. Мен жооп бериш керекпи же жокпу аны билбегендиктен, унчукпадым. — Ушундай, ушундай… Эми сен тынчтандыңбы? Мен башымды ийкедим. — Б блогуна барасың. Дагы чыр сала турган болсоң, кайрадан карцерге жөнөйсүң. Сен түшүндүңбү? Мен кайрадан баш ийкедим. Ох, иш ушунда турбайбы. Улуу офицер varianosго белги бергенден кийин, мени алып кетишти. Б блогу мага тааныш эле: мени биринчи жолу так эле ушул жерге алып келишкен эле. Ошол эле эки жагынан темир тор менен тосулган узун бетон коридор, анан камералар, камералар, камералар… Бул жолу мени тар жалгыз кишиге арналган камерага отургузушту. Түрмө башчылары менин биринчи жолу кантип он үч зэктин сазайын колуна бергенимди эстерине алышып, коопсуздукту ойго алышып, туура чечим чыгарганга аракет жасашыптыр. Мага камера эмес, анык жыландын уюгу туш келиптир, бирок мен аны эч ким менен бөлүшпөгөнүмө эле канааттандым. Күндүз камералардын эшиктери жабылчу эмес, ошондуктан камактагылар коридор боюнча эркин сандалып жүрө беришчү. Кээ бирөөлөрү varianos аркылуу белгиленген сумма үчүн жабдыган материалдарды колдонушуп, колдо жасалган устачылык менен алекеттенишчү. Мен бул жерде баардыгынын өзүнүн баасы бар экенин тез эле түшүндүм. Камактагылар жана түрмө сакчылары тамеки, баңги заттарды жана башка күмөн саноочу тейлөөдөн аларды ашыгы менен сатышып өздөрүнүн кичинекей соодасын жасашчу. Камактагылардын арасында гректер жана арабдар көбүрөөк болчу, бирок еврейлер, немистер, италиялыктар, француздар, дагы бир Шри-Ланканын тургуну жана Энди аттуу Галифакстан болгон британия армиясынын катардагы кызматчысы бар эле. Адегенде менин эч ким менен таанышкым келбеди, бирок мен күн өткөн сайын, түрмөнүн жашоосуна көнө баштагандыктан, мага Эндинин достук кеңеши жүрөгүмө жакын боло баштады. Никосия банкынын чектери менен митаамдык кылгандыгы үчүн ага эки жыл мөөнөт беришиптир. Чет элдиктер өздөрүнүн кылмыштары үчүн такай негизге жатпаган катуу жазаларды алышчу. Шайыр Энди дайыма өзүн жакшы түрдө кармаганга аракет кылчу. Айтмакчы, ал мага менин кошуналарымды кооздоп сүрөттөп берди. — Киши өлтүргөн, киши өлтүргөн, ууру, террорист, жаш балдарды зордуктоочу, террорист, ууру, өрттөөчү…— деп ал мага жакынкы камерадагылардын жашоочуларын санап берди. — Бирок алардан коркпосо да болот,— деп ал кокусунан эскерткендей болуп, -эки көзүңдү айрыбай карап, эсин жоготкондордон сактангын. — Эсин жоготкондордон? — Ооба-ооба, дос. Жин оорулуу кылмышкерлерден. Алар өз акылдары менен. Каалагандарын жасай беришет. Кана, түшүндүңбү…— деп кошумчалады Энди, сөөмөйү менен чыкыйын бурап. — Жин оорулуу жөн эле айтып бере алгыс. Эч качан айта албайсың, устара менен сени качан мууздап таштаарын. Эндинин эскертүүсүн мен кулагымдын сыртынан өткөрүп жибердим. Деги мен эле болсом, өзүмө-өзүм тура алат болчумун. Мени баардыгынан көп таң калтырган нерсе, бул кээ бир камактагылардын тышкы түрү эле. Кээ бирөөлөрү түрмөнүн шартында акыл-эсин жана дене түзүлүшүн сактоого аркет кылса, бирок көпчүлүгү, сөөк толгон каптай, тамеки менен алек болгон башка бир бөлөк нерселерди элестетчү. Мага мен эки ярустуу темир керебети бар камерага түшкөн жакынкы окуялар эсиме түштү. Энди мага шилекейленген тамекинин калдыгын сунуш кылды. Мен бир аз создум, бирок анан баары бир алдым. Менин жакшы көргөн “Gitanes” чылымынын бир эле даанасын өтө тарткым келди, бирок балык жок жерде, рак дагы балык болуп саналат. Энди Б бөлүгүнүн камактагылары жөнүндө аңгемесин уланта берди. — Бул сага Анын улуу даражасынын түрмөсү эмес, досум,— деп айтты ал. — Деги эле мен билем, эмне айтып жатканымды. Ишенсең да өзүң бил, ишенбесең да өзүң бил. Бул жерде таң калычтуусу, баардыгы тең бирдей. Сен кимсиң — майда уурусуңбу, террорист же жинди киши өлтүргүчсүңбү, мааниси жок. Эсиңе туткун, бул жерде ар ким өз алдынча. Кыскача айтканда, кулагыңды түрүп жүр. — Мен жөнүндө тынсызданбай эле кой, менде эч кандай көйгөй болбойт, — деп мен аны ынандырдым. — Албетте. Эгер белгиленген эрежелерди аткара турган болсоң. Мен ошондо Эндиден ал кайсы эрежелер жөнүндө айтып жатат жана алар ким тарабынан коюлганын сурап алганга кам көрбөптүрмүн, бирок чатак иш бар экен деп шек санап койдум. Албетте, муну жакшылап териштириш керек болчу. Ар бир бөлүктө өзүнүн криминалдык авторитеттери бар болчу, мындайча айтканда, Papas (башкача аты — Mamas, кимге кандай жагат). Менин бөлүктө пайда болгонумдан бери эки күн да өткөн жок болуш керек, ага карабастан мен эми «конокторду» кабыл алып жаттым. Papas бул жерде камактагылардын бири болчу, бирок алардын «мыйзамы» боюнча калгандары ага унчукпастан баш ийиш керек болчу. Эгер жин оорулууларды эсептебегенде, бөлүктөгү калган бардык камактагылар Papasтын «кулдары» болушчу жана ошого байланыштуу, алардын бардык мүлктөрү, бардык кирешелери жана керек болсо алардын өздөрү да Papasка тиешелүү эле. Varianos Papasка чыдашып, анан кандайдыр бир чекте керек болсо сыйлашчу. Papas түрмө сакчыларына бөлүктөгү аныкталган тартипти кармаганга жардам берчи, калгандары болсо алардын тынчын деле алышчу эмес. Мага кийин гана белгилүү болду, Б бөлүгүндө Papas жаман атакты колдонуп, Никосиянын Борбордук түрмөсүндөгү эң катаал авторитет болгон. — Салам, бобик! — деди ал мага, менин жалгыз болгон камерама чакыруусуз калжактап кирип келип. Papasтын артында төрт же беш ага жармашкандар бар экен. Менин камерам тар эле, ошондуктан жармашкандар эшикте кармалышып калышты. Мен секичеден жылмышып түштүм. Papas грек экен. Ал алп денелүү, таза кырылган бульдог кебетелүү жана кичинекей көздүү экен. — Менин үйүмө келишиң менен, — деди ал түзүк англис тилинде, мени далыга чаап. Бирок мен анын эмне каалаганын ошол замат эле билдим. — Сен — Жон Булль[17], мен болсо англоманмын — англисче нерсенин бардыгын жакшы көрөм, — деди ал. — Менин көңүлүмдү ачканым болосуң. Ушул сөздөр менен ал мени далымдан ылдыйкы жериме шалп эттире чаап жиберди. Ошол эле замат менин чыканагым таамай «коноктун» алкымына тийди. Papas бетондуу полго кулап түштү. Жармашкандар шамал үйлөп таштагандай жок болушту. Бардык жактан varianos чуркап келип калышты. Papas үнсүз, балык сыяктуу оозу менен дем алып полдо жатты. Аны ошол эле замат башкалардан бөлүнгөн изоляторго алып кетишти. Бардык көрүнүшү боюнча, мен анын дем алуучу тамагын үзүп таштасам керек. Ушундан баштап аны бөлүктө башка эч ким көргөн жок. Мени кеч киргенге чейин камерага камап ташташты. Мен бул иш ушу боюнча бүтпөсүнө ишенгем, убакыт өтүп жатты, бирок баардыгы мурдагыдай эле кала берди. Б бөлүгүнүн атасын жыга чаап таштаган жаңы жигит жөнүндөгү сөз түрмөнүн ичинде тез тараганы мага белгилүү болду. Мен ушул окуя аркылуу, өзүм ошону күтпөсөм да, түрмөдөгүлөрдүн сыйына жетип, ошол аркылуу өзүмө аздыр-көптүр тынч жашоону камсыз кылдым. Көпчүлүк камактагылар үчүн ар бир өткөн күн жашоо үчүн болгон катуу күрөш эле, бирок эгер жин оору менен ооруган кылмышкерлерди эсептебегенгенде, мага эч ким тийчү эмес, алар үчүн эч бир эреже жок болчу. Ошондуктан мага дайыма кулагымды түрүп жүрүүгө тура келчү. Бөлүктөгү жиндилердин арасында Акалиас деген бирөө жана андан башка дагы бир тескери «Алькапони» деген жаман атактары менен чыккандар эле. Алькапони зор, киши жегичке окшош, камактагыларга атырылып, зордуктап, кесип жана бардык мүмкүн болгон травмаларды жөн эле канааттануусу үчүн жасачу. Акалиас болсо Алькапониге салыштырганда майдараак болчу, ошондой болсо да, тигиге окшогон сасыткы эле. Анда кандайдыр бир кылмышка болгон тубаса тартылуу бар болчу. Акалиасты акылсыз деп саноого болбойт болчу. Ал куу жана сак болчу, өз пайдасы үчүн кимди болсо да айлантып кетчү. Ал varianosго билгичтик менен жакындагандыктан, дайыма өз дегенине жетишчү. Ага эч качан ишенбеш керек экенин бөлүктүгүлөрдүн баардыгы билишчү. Бул арам ойлуу, ичи тар киши болчу. — Ал жөнүндө эмне белгилүү? — деп сурадым мен Эндиден. — Ээ, ар кандай нерсени айтышат, аялын төшөгүндө ойношу менен тапкан окшойт,— деп жооп берди ал. — Мындай кээ бирде боло берет. — Ооба, бирок ар ким эле экөөнү тең бөлүктөп таштаганга бара албайт. Экөөнүн бөлүктөлгөн денесин өзүнүн муздаткычында көптөгөн айлар бою сактаптыр деп айтышат. — Үрөй учура турган нерсе! — Бир гана анын жолуна туш келбе, досум. Алькапониден айрымаланып, Акалиас маал-маалы менен кадимки эле эс акылы бар адамдардын катарынын эсебинде жүрө берет эле. Мисалы, Акалиас шахмат ойногонду жакшы көрчү. Ал башка кылмышкерлерди өзү менен ойноого мажбурлап, анан өз жеңиши менен ыракттанчу. Анын үстүнөн жеңишке ээ болууга эч ким даай албайт болчу. Өз убагында таятам мени шахмат ойногонго үйрөткөн жана жаш кезимде шахматтын нака билгичи, атам менен көпкө дейре ойночумун. Акалиас жакшы шерик болчу, ошондуктан анын чакыруусун канаатануу менен кабыл алчумун. Кээде оюндун жүрүшүндө мен анын кутула албас утулушун көрсөм да, мага анын маанайын өтө көңүл коюу менен эске алып, анан гана аны менен акчага ойноого макул болчумун. Мага бир америкалык качандыр-бир аны бир нерсе үчүн сабап таштаганы үчүн, Акалиас анын бетине ысык майды чачып жибергенин айтып беришти. Жумалар өтүп жатты, ошентип мага түрмөнүн тамагын Lamarinaда, дөңгөлөктүү темир арабада ташыганды тапшырышты. Мен медициналык бөлүккө жана жалгыз камактагылардын бөлүгүнө тамак бере баштадым. Ушинтип мен өзүмдүн тамеким үчүн иштеп таба баштадым жана кыска убакыт болсо да, өз бөлүгүмдөн дайыма чыкканга мүмкүнчүлүк алдым. Бир жолу, Lamarina менен жалгыз камактагылардын бөлүгүнө жакын келгенде, мен кимдир-бирөөлөрдүн үндөрүн жана каткырыгын уктум. Биринчи камераны карап, мен үч кишини: эки кара тору палестиндиктерди жана бир ак саргылды көрдүм. — Lamarina, — деп кулактандырдым мен. — Түшкү тамак мезгили келди. — Эй, сен эмне, англичансыңбы? — деп сурап ак саргыл ордунан тура калды. — Ооба, — деп жылмайдым мен, көңүлүмдү анын сүйлөгөнүнө бөлүп. Жорди[18] диалектисине окшош көрүндү. — Иэн Дэвидсон, — деп мага темир тор аркылуу колун берип, өзүн тааныштырды жигит. — Тони, — деп жооп бердим мен. Мага анын бекем кол кысышуусу жагып калды. Иэн Дэвидсон? Бул ат менде кандайдыр-бир эске түшүрүүлөрдү пайда кылып, сактанып калууну пайда кылды. Иэн, муну байкап калып кошумчалады: — Ооба, мен ошол Дэвидсондун өзүмүн. Көп жылдар бою менин атым бак дарак тигилген көчөдөгү басмакананын сөзүндө анда-санда пайда болчу. — ПБУ[19]? — Ооба, дал ушундай, досум. Булар болсо менин курал аркылуу боюнча күткөн бир туугандарым, Илайес жана Махмуд. Палестиналыктар мага баш ийип коюшту. — Сиз кандайдыр-бир еврйлерди атып таштагансыз, ушундайбы? — деп сурадым мен. — Ошондой, — деп жылмайды Иэн. Бир гана көчөнүн басма сөзүнүн жазганынын баардыгына ишене бербегин. Ал жерде курман болгондор эс алуучулар катары берилген, бирок биз көп жылдар бою алардын аркасынан кууп жүргөнбүз. Алардын бардыгы Моссаданын[20] тыңчылары болушчу. Аял болсо автомобилдерди жардыруу боюнча адис эле. Ушул жерден мен чуу көтөргөн окуяны эстедим. Иэн Саут-Шилдистин тургуну эле. Британ гезиттери, биринчи болуп Дэвидсон жөнүндө, Палестинаны бошотуу Уюумуна жалгыз гана еврейлер менен күрөшүү максатында кошулган кандайдыр-бир куралдуу жинди катары дүйнөгө кабар беришип, укмуштуудай ийгиликке жетишишкен. Иэнди 1985— жылы маанилүү натыйжага ээ болгон бир жаңжалдан кийин, жолдоштору менен камакка алышкан. Дэвидсондун тобун яхтадан Ларнактагы кеме токтоочу жээктеги жайдан эки израилдик эркекти жана аялды жок кылууга жиберишкен. Операциянын жүрүшүндө алар кипрдик полициялар аркылуу курчалып калышкан. Иэн жана анын курал боюнча күткөн бир туугандары камактан качып кутула албастарын түшүнүштү. Эгер алар израилдиктерди жазалашса, аларды түрмөгө отургузушса да, анда баатыр атка конушмак. Алар өмүрлөрү өткөнчө камакка ээ болууну кабыл алышты. Бул адамдарды алардын эле коопсуздугу үчүн бир кишилик камерага жайгаштырышты, varianos аларга өзгөчө көңүл бөлүп карашчу. Аларга бири-бири менен маектешкенге, ар кандай оюндарды ойногонго, китеп окуганга жана башка айрыкча укук менен колдонууга уруксат беришчү. Түрмө сакчылар аларды керек болсо уруктар менен жабдышчу, ошондуктан Дэвидсон курал аркылуу күткөн бир туугандары менен бөлүктөн тышкары обочолонгон короочодо жөөктөрдү тигишип жана ал жерде өз ден — соолуктарынын пайдасы үчүн алектенишчү. Буга окшогон көңүл ачуу, Кипрге окшогон түрмөдө, мындай тозоктун тешигинде, чоң сейрек кездешүү болчу. Иэн, албетте, акылсыз кишинин катарына кирчү эмес. Ал өткөн кылымдын 70-жылдарында Америка боюнча саякат кылып жүрүп палестиналык кыймыл менен байланышкан. Мен Иэн жана анын досторуна суктанбай кое албайт болчумун. Булар акылдуу, асылзаттуу, өздөрүнүн туура жана терең ой жүгүртүүлөрү менен таң калтырган, өз иштерине аябай берилген, ал үчүн өз жандарын курман кылууга чейин даяр турган кишилер эле. Ошондой эле шайыр Иэндин мыскыл, күлкүгө карата укмуштуудай сезими бар болчу. Күн сайын мага аларга Lamarina менен жолугушуу үчүн бөлүнгөн ошол жыйырма мүнөттү чыдамсыздык менен күтчүмүн. Мен аларда көпкө дейре отурган бул жагдайга varianos адатынча көздөрүн жумуп коюшчу. — Жакынкы күндөрү бизди бир кишиликтен жалпы камерага которот деп жатышат, — деп жаңылыгы менен бөлүштү Иэн. — Башкаруучулар, азыр саясий кыйынчылык бир-аз түшүп калды деп ойлоп жатышса керек, ошондуктан бизди башкы бөлүккө которушу мүмкүн. — Бул коркунучтуу эмеспи, сен кандай деп ойлойсуң? Жаман окуялардан сактана албайсың… — Бул жаман окуялар менин башыма мүйүздүн кененчилигине окшоп туш-туштан чыгып турду, досум, бул жерде да, туурасын айтсам, эмне болоорун билбейм. Мен, биз менен катаал жазалашууга жөндөмдүү Моссаданын өзүнүн агенттери мында бар экенин эсептен чыгарбайт элем. — Балким, мээсинен айныгандардын ичинен болуп жүрбөсүн, — деп мен күлүп жибердим. — Ооба, түрмөнүн ичинде биздин бир нече бир туугандарыбыз болсо да, мындай да болушу мүмкүн. Алар, балким, мунун баары эмне үчүн болуп жатканын жакшы билишет болуш керек. Бир нече күндөн кийин мен зор канааттануу менен Иэнди Б бөлүгүнө которгонун билдим. Бир нече ай өткөндөн кийин, биз аны менен жаны бирге дос болуп калдык. Көп жылдар бою Иэндин түрмөдөн бошонгонунан кийин да, анын жүргөн жери жашырын сыр катары сакталса да, мен аны менен байланышып турдум. Бирок ошол убакта менин Иэн жана башка террористер менен болгон достук мамилем менин бир капталымдан чыгаарын элестете алчу эмесмин. 10-бөлүм Мен биринчи күндөрү жакындашкан башка камактагы кишинин бири Никос Самсон болчу. Ал англисче жакшы сүйлөп, бардык эле билимдүү киши катары өзүн татыктуу алып жүрчү. Дэвидсондой эле, ал көпчүлүктүн арасынан башка fylakismenosдон бөлүнүп турчу, мага анын чөйрөсүндө болуу жакчу. Никос Самсон да, өз кезегинде, мага ушундай эле жылуу сезимди көрсөтчү. Биз тең катары аны менен саясат жана күнүмдүк окуялар жөнүндө пикир алышчубуз, андан башка, ал менин жакшы көргөн оюнум Tavli (нарданы) ойночу. Өткөн убакта ЭОКА[21] аскердик-саясий уюмунун мүчөсү болгон, ага укмуштуудай берилген, ал Кипрдин Грецияга тезирээк кошулушу жөнүндө чыгып сүйлөчү. Козголоңдон кийин Кипрде 1974-жылы Самсон ЭОКАнын атагы чыккан лидери, кыска убакыт болсо да диктатор болуп калды. Көпчүлүк камактагылар жана varianos мурдагыдай эле ага «сегиз күндүк экс-президент» катары салют беришчү. Кипрде өткөн кылымдын 50-жана 60-жылдарында бул коркууну жана аяганды билбеген террорист британдык аскер кызматчыларынын жана жергиликтүү полицейлеринин үрөйүн учурчу. Мынакей, көп жылдар бою Францияда куугунтукта жүргөн, сексен жашты аралап калган Самсон өзүнүн өтө сүйгөн өлкөсүнө кайтып келгиси келди. Бирок ал Ларнакта учактын шатысынан түшөөр замат эле камакка алынды. Самсонду жөнөкөй гректер согуштан үйүнө кайтып келген баатыр катары урматташты. Жада калса түрмөдө да эч бир кемчиликсиз жашады. Анын жолдошу болгондуктан, мен убактысынча башкы бөлүктүн түрү суук дубалдарын унутуп, анын камерасынын башкаларга караганда сонундугуна ыракаттанчумун. Ал эң сонун сүрөттөр менен кооздолуп, ушул эле жерде телевизор, радиола жана эс алыш үчүн эки кресло турчу. Мен буга көргөн көзүмө ишенбей караар элем. Ушунун баары Самсондон эки кадамга жакын менин жалгыз кишилик камерама такыр окшошпой, ушунчалык табигый көрүнүшкө окшош эмес эле! Мында эч качан шокаладдан жана жемиштерден кемчилик болчу эмес; кээде, өзгөчө учурларда, коноктор менен бренди да ичишчү. Мен француз тамекисин жогору баалаганымды билип, Самсон мен үчүн «Gitanes» чылымын үзгүлтүксүз жеткирип турууну жөнгө салды. Кандай болгон учурда да, мен сактыкты жок кылган жокмун. Түрмөнүн шартында ар бир адам тигил же бул авторитеттин «илмегинде» болуп калыш абдан эле жөнөкөй эле. Мен тамеким үчүн өзүмдүн эскиздерим жана картиналарым менен төлөп кутулчумун. Мен өзүмдүн «жашоо үчүн каражатымды» мындайча «актачумун»: фотопортреттердин көркөм көчүрмөсүн кылып жана калиграфтык жазма менен табличкада аттарын жана фамилияларын жазчумун. Самсондун аркасы аркылуу, менде керектүү материалдар жетиштүү болчу. Бирок мен анын улуттук козголоңунан коркчумун. Самсон, албетте, менин британ атуулу экенимди билчү, бирок англиялыктарга болгон жек көрүүсүн эч качан жашырчу эмес. — Сен карап гана көрчү! — дечү ал, көйнөгүн өйдө көтөрүп. Анын денесинен көптөгөн терең тырыктарды көрсө болот болчу. — Ушунун баары англиялыктардыкы. Анын улуу даражасына ыракмат! Мен британдын жашыруун кызматы жөнүндө айтып жатам. Алардын бардыгы кем акылдар. — Бул эмне, алар сизди кыйнаштыбы? — А мен сенин оюңча, мен бул белгилерди кантип алдым деп ойлойсуң? Бирок алар менден эч нерсеге жетише алышпады! — деп жооп берди Самсон анткор күлүп. Самсондун сөзүнөн күмөн санашка болбойт болчу, бирок бул адамдын кандай экени жөнүндө бара-бара мага кабар жете баштады. Ошентип жакынкы аранын ичинде биздин мамилебиз токтолуп калды. Камактагылардын арасында, кечинде Самсондун камерасынын жанында эң жакшысы сандалып жүрүүнүн кереги жок деген имиштер айтыла баштады. Бул түрмөчүлөрдүн өздөрү да сакташкан жазылбаган мыйзам болуп калды. Самсонду сутканын ушул мезгилинде тандалгандарга гана барууга уруксат берилчү. Бир жолу өтө суук кечтердин биринде varianos бизди көк жыттанган биздин камераларыбызга кууп салаарынын алдында, биз мештин айланасында колубузду акыркы көмүрдүн кызыл чокторуна сунуп үймөлөктөшүп турдук. Суук түрмөнүн анык кыйноосу эле. Мен ар күнү эртең менен ызгаардуу сууктан калтырап ойгончумун, оозумдан буу чыгып тураар эле. Күн бою жылыш ойго келбеген иш болчу. Эгер кечке дейре кыймылдаган күндө да, колуң менен бутуң баары бир жылычу эмес. Астыда дагы бир узун түн тураарын эстегенде, акыл — эсиң караңгыланып, денең селейип катып калчу. Мен Панайотосту көрүп, безгектен калтырагандай, аны өзүмө чакырдым. Бул майда уурулук үчүн анча чоң эмес мөөнөт өтөгөн, жаш жылдыздуу грек эле. Ага түрмөдө оор болчу, ал түрмөнүн шартына көнө албагандыктан, мен аны көз жаздымымдан кое бербей, эки көзүмдү айрыбай карачумун. Мен боорукер деп атагандардын катарында болбосом деле керек, бирок мен дайыма кээ-бир камактагыларга, чычкандын капканындагы бекер сырга суктануунун кереги жок экенин алдын ала эскертчүмүн. Панайотос Никос Самсондун камерасы тараптан бутун араң жылдырып келе жаткан эле, анан ошол эле замат кулак түргөн көз караштардын жана калган камактагылардын толкунданган шыбырынын негизи болуп калды. — Кел биздин жаныбызга, — деп кайталадым мен. — От өчүп деле калды, бирок бул жоктон көрө жогору. Эч кимге карабастан, Панайотос отургучту алып, анан муштумдарын бекем түйүп, отура кетти. Ал бүт денеси менен калтырап жатты, мен бул жалаң эле сууктан эмес экенин түшүндүм. — Эмне болду Панайотос? — деп мен грек тилинде сурадым, бирок жигит өчүп бара жаткан оттун жалынын тиктеп унчукпады. Мындан ары, мен Панайотос жолуккан учурда анын купкуу бетин жана дүйнөдөн кечкен көз карашын көргөндө, менин мазам кете түшчү. Анын көздөрү бат-бат жаштан шишип, качан мен аны менен сүйлөшөйүн дегенде, ал менин бетиме карабаганга аракет кылчу. Кайсы бир мезгилден баштап, ал Самсондун камерасына белгиленген саатта такай күнүнө кечки убакта бара баштады. Ал Самсондун кулу болуп калды. Бул жөнүндө ар кандай сөздөр жүрүп жатты. Varianos кандайдыр-бир убакта, Самсондун камерасынан тез-тез колдонулган презервативдерди табыша турганын байкоосуздан айтып коюшту. Өзүмдүн адатым боюнча, мен түрмөнүн ар кандай ушагын талдоого катышчу эмесмин, бирок, Самсон мага карата өзүн дайыма сыпайы алып жүргөндүктөн, мен кандайдыр-бир убакка чейин жөн эле бул маалыматка күмөн санап жүрдүм. Жакын аранын ичинде Самсондун боштондукка чыгаары күтүлүп жаткан, анан камактагылар, ал өзүнүн жаш досуна орун, «жумушту» боштондукта издеп жатканын сүйлөй башташты. Ар дайым, мен Панайотостун корккон купкуу бетине караганда, мени жүрөк айланткан жийиркенич келчү. Бирок Самсонду жалаң кол менен ала албайсың. Жалгыз аны жеңе албайсың. Мен да муну түшүнчүмүн. Менин англис тилинде сүйлөгөн камактагылар менен, жолдошчулуктун жана достук мамиленин көңүл көтөрүүсүнө карабастан, түрмө мени баары бир агрессивдүү болушума мажбурлачу. Кыш катаал, бирок узак болбоду. Эрте келген жаз ысык жайдын жышааны эле. Түрмөдөгү имараттын думукмасын, кышкы сууктагыдай эле азап менен баштан өткөрүү эле. Эгер камактагылар сууктан уйкусуроого жана кош көңүлдүккө түшүшсө, ысык болсо тозоктун жалынын тутантчу. Акырындап бүйүр кызытуулар жалындап, кагылышуусуз жана мушташуусуз бир да күн өтчү эмес. Кээ бир мушташуулар жарым айлануудан башталып андан кийин чагылгандай жалпы кыргынга айлангандыктан, баардыгы бири-бирине каршы согуша берчү. Кимдир-бирөө өз ордуна отурган жок, орой сүйлөдү же тийешеси жок адамга ойлобостон сүйлөп койду, ушунун бардыгы буга себеп эле. Шылтоонун өзгөчө маанисинин кереги деле жок болчу. Гректер менен арабдардын ортосунда ар дайым саясий себеп боюнча жаңжал болуп турчу, анан булмушташуунун касиети аркылуу калган баары буга катышып кетишчү. Мындай иш мага абдан жакчу. Мына, болуптур, мунсуз мен кебетемди жоготуп коемун да деп ойлочумун. Бир жолу блоктогу атмосфера таң эртеңден баштап эле электр тогунун эң чокусуна жеткендей абалда болду. Түшкө жакын көнүмүш болуп калган жаакташуу түрүндөгү дене жазуу жана жаралган кебете түсүнө болгон шылдыңдоолор эки тараптан тең көп кабаттуу тилдешүүгө өтүп кетти. Мындан кийин арабдардын башчысы күтпөгөн жерден гректердин бирөөсүн уруп жиберди. Кырылышуу башталды. Сырткы эшиктин ичинде, абаны толтура коюу чаң, шагыл таштарга кан төгүлө баштады. Менин башымды кан тээп чыкты. Бул кырылыштын мага тиешеси деле жок болчу, бирок мушташканга мен кубанычта гана болчумун. Мага баары бир болчу кимди уруш: болуп жаткан абалдын өзү жакчу. Бир жинди чалыш менин башымды мээлеп, арт жагымдан качырды. Ийиниме кайрылып, мен аны көрдүм: менден жогору көтөрүлүп, ал ырсайып, сокку берүүгө даярданып калыптыр. Андан озунуп, мен аны тумшугуна бир койдум, андан кийин аны дубалга шыбай баштадым. Жинди чалыштын каны бетиме чачырап жатты. Бул өтө зор, акылы жок жана ачуулуу жигит эле. Ал бар болгон күчүн жыйнап, кайрадан мага асылды. Мен анын ичиме болгон соккусун көтөрүү үчүн чымыркандым, анан жолборстун тырмагы менен көзгө бир сайдым. Кандуу мушташ жаңы күч менен улана баштады. Белгисиз түрмөдө бардык мүмкүнчүлүк болгон куралдар: миз, бычактар, таяктар кайдан пайда болгону. Күтүүсүздөн атуу башталды. Аскер бөлүгү өз учурунда жетип келишти. Бизди курчап алышты, майып болгондорду түрмөнүн ооруканасына жеткиришти, калгандарын кечке дейре камерага камап ташташты. Бир жолу, тез эле тигил кыргындан кийин, эртең мененки тамак учурунда мага Энди кошулду. Менин жалгызчылыгым ушунчалык менин нервиме тийе баштаган, ал да баардык көрүнүш боюнча бул жөнүндө байкаса керек. — Эмне үчүн сага эч ким келбейт, Тони? Мен ичип жаткан сорпомдон өйдө болуп, Эндиге карадым. — Эч ким келбейт досум, себеби менин эч кимим жок, — деп жылмайымыш болуп жооп бердим мен. — Сен эмне жөнүндө айтып жатасың? — Майкл Райт деген бир жигит бар… — Майкл Райт? — мен Эндинин сөзүн бөлүп жибердим. — Бул ат мага тааныш. Ал ирланддыкпы? — Ооба, Белфасттан. Ал бул жерде кайсы бир жыйындын тобу менен. Кандайдыр-бир адамдарга жакшылык кылгандарга окшош, түшүнүп жатасыңбы? — Мен баш ийкедим, Энди болсо андан ары улантты: — Тони, эгер сага эч ким келбесе, Майкл менен жолгушканга макул болбойсуңбу? Кандайдыр бир мезгилге чейин биз жымжырттыкта отурдук. — Мен ага сен жөнүндө айттым, — кайрадан сүйлөдү Энди. — Мына сени менен жолугушкусу келгени жөнүндө, ал жазып жатат. Мен бир азга эмне дээримди билбей калдым. Кайсы себептен мен ага керек болуп калдым экен? Кызык. — Жок, — дедим мен, — мен эч ким менен жолугушкум келбейт. Кантсе да, албетте, ыракмат сага досум. Биз сүйлөшүүбүздү башка жакка бурдук. Мен бир нече күн өткөндөн кийин кат алдым. Ушуга чейин мага түрмөгө эч ким жазган эмес. Адегенде мен аябай сүйүнүп кеттим, бирок тез эле түшүндүм, конверттин сыртындагы кол бейтааныш болчу, ата-энемдики эмес. Кызыгуу менен мен ушул эле жерден конвертти ачтым. Жиберүү тигил жигиттен, Майкл Райттан болуп чыкты. Бул боорукер жана акылдуу достук иретинде жазылган кат эле. Мен таза мамиледен ажыраган киши катары, ар бир сөздү бир же эки жолу да эмес, кайра-кайра ач көздүк менен менен окуп жаттым. Жиберүүнүн мааниси түшүнүктүү жана жөнөкөй эле. Майкл өз ниетин жашырайын деп деле ойлобоптур. Ал мага, мени менен жолугушкусу келгенин, Ыйсага болгон сүйүүсү аркылуу жолдош катары жолуккусу келгенин жазыптыр. Менин күлкүм келди. Эмне деген болбогон нерсе! Ошентсе да ал мени кызыктырып салды. Анын сунушунда эч деле жамандык жок болчу. Эгер ал бул сасыган кара чаар жылаандын уюгуна келгенден эринбесе, кур дегенде, аны бир жолу кабыл алса болот. Бул иштен жарытылуу эч нерсе чыкпаса да, менде түрмөнүн күнүмдүк турмушунан жарым саат алаксыганга мүмкүнчүлүк болот жана балким, шоколад плиткасын же болбосо ашканадан келген кишилер үчүн суусундук алганга мүмкүнчүлүк болот. Жалпысынан алганда, мен Майкл менен жолугушканга макул болдум. Жакынкы бейшембиде variano мени жолугушуу бөлмөсүнө алып барды. Бөлмөнүн ичинде, түрмөнүн ичиндегидей эле баарына жана бүткүл нерселерге сиңип калган, так ошонун өзүндөй коңурсуган жыт турган эле. Бир гана нерсе жакшы эле: эшик ачылган сайын таза абанын киргени сезилип, ага кошулуп терезеден күн тийип турган болчу. Мен кимдир-бирөө менен жолугушаарымды ойлогондо, менде кандайдыр-бир толкундануу пайда болгонуна таң калдым. Variano жаңдоо аркылуу мага узун жана энсиз жыгач үстөлдүн жанына отуруумду буйруду. Камактагыларды үстөлдүн бир жак тарабына, келгендерди — башка тарабына отургузушчу. Майк Райт келе элек экен. Жолугушуу бөлмөсү бакылдаган гректерге жана аларга келгендерге: аялдарына, балдарына, курбуларына жана ата-энелерине толгон экен. Алардын чөйрөсүндө мен өзүмдү жашоодон айдалгандай сездим, алардын арасында мага орун жок болчу. Күтүлбөгөн жерден мен өзүмдү жашылча-жемиш айдалган жерге илинип койгон коркутуучу каракчыга окшоштугумду катуу кайгы тартуу менен сездим. Менин келбетим менин кылмыштарымды көрсөтүү менен өзү эле айтып жатты. Бирок менден бул Кудайдан корккон адамга эмне керек болду экен? Улам көбүрөөк кейип жана капа болуп, мен туруп жана өз жолума түшсөмбү деп ойлоп жатсам, эшиктен туура эле мени көздөй келе жаткан ирландыкты: бийик бойлуу, сакалчан адамды көрүп калдым. «Эмне деген келесоолук!» — деп ойлодум мен, анын жаркылдаган жылмаюсун карап. Ал жайкы илип кийме бут кийимчен жана өтө кыска жеңдүү, сыртка чыгарылган, үтүктөлбөгөн көйнөкчөн экен. — Тони! — деп ал түндүк ирландык басым менен кыйкырып жиберип, анан мурдагыдай эле жаркыраган жылмаюу менен мага колун сунду. — Мен сиз менен танышканыма өтө кубанычтуумун. Мен сиз жөнүндө өтө көп укканмын. Мен ошол эле замат аярдана түштүм, бирок ага колумду сундум. Тигил аны шап кармап, анан сезими менен силкилдетти. Мындай ысык учурашуу мени мындан дагы көп аярданууга алып келди. Мендеги көнүмүш болгон кыжырдануу тутана баштаганын сездим. Майкл жылмаюусун уланта, менин карама-каршы жагыма отурду. Бардык тараптан караганда, ал менин кыйналган абалымды түшүндү окшойт. — Тони, мен бул жерде дос катарымын,— деди ал. — Мен сизге акыл айтайын дегеним жок. Мени бул жерге Ыйса Машаяктын сүйүүсү алып келди, — деп сөзүн улантты Майкл. — Биздин жыйында сизди ар тараптан колдоону каалап, баардыгы сиз үчүн сыйынып жатышат. Ушул убакка чейин бир да тирүү жан мени менен буга окшогон кеп козгогон эмес экен. Мен эмне айтаарымды билбедим, бирок ага ишене албасымды сездим. Ачуу мени ичимден күйгүзө баштады. Кандайдыр-бир убакытка чейин биз унчукпай отурдук, менин ойлорум чаташып жатты. Бул жигит, каякка тырмышып жатат? Ага менден эмне керек? Биздин жаныбыздагы отурган жаш грек ата-энеси менен коштошуп жаткан. Анын апасы коштошоордо аны кучактап, буркурап ыйлап, чыга турган жакты карай жөнөдү. Менин ата-энем бул дүйнөдө мага жолугуш үчүн бул кара чаар жыландын тозогуна эч качан келишпейт болчу! Деги, аларга менин кайсы жерде экеним белгилүү болду бекен? Ушул жерден мени жин ургандай ойлор каптагандыктан, мен мага Майклдын эмне деп жатканын жөн эле укпай калдым. Кантсе да, ушул жерге келиш үчүн бул адам жалкоолонгон жок. Балким, ага кичине арамзалык менен жагынып коюш керек? Эгер ал менин кыжырыма тийе баштаса, мен аны чачынан кармап алып, башын үстөлгө чабам. Мен Майклдын сөздөрүн, анын суроосуна жооп бергенге аракет кылбай жана керек болсо анын бетине да карабай угуп жаттым. — Тони, мен сизге кайрадан жолуккум келет. Балким, кийинки жумада? — Эмне айтаарымды билбей, мен жөн эле баш ийкедим. — Кудай сизге батасын берсин, Тони. Сиз менен жакын арада жолугушам деп үмүттөнөм. Мен анын артынан карап турдум. «Келесоо», — деп мен кайрадан ойлодум, жарым үн менен өзүмдүн турмушума наалат айтып. Бирок кийинки бейшембиде мен кайрадан Майклды кабыл алууга макул болдум. Үчүнчү жана төртүнчү жумада мен күтпөгөн жерден анын келесоо жылмаюусун чыдамсыздык менен күтүп жатканымды түшүндүм. Ал мен үчүн сырткы дүйнөнүн терезеси эле. Майкл мени менен күндөлүк турмуш жөнүндө сүйлөшчү: кечки салкында ыракаттанып, дарбыздын даамын татуу — кандай сонун экенин, Никосияда ачылган биринчи «Дейри куйин»жөнүндө, дагы башкалар жөнүндө… — Ах, гамбургерлер, гамбургерлер! Бул качан болгон эле… — деп жылмайдым мен. — Мен бул жерде болсо, гректердин кофесине такыр көнө албай жатам, — деп күлдү Майкл. — Мен андан жөн эле зээнимен ажырай баштайм! Бирок мага кичинекей жыгач кафелер жагат — аларды бул жерде «kafeneions» деп аташат, ушундайбы? — Мен баш ийкедим, анын кыйын грек сөздөрүн айтканга аракет кылганына жылмайып. — Жергиликтүү карыялар дайыма абдан жайдары жүздүү. Мен аларга «Жакшы урук» аттуу календарын таратам. — Ушул сөздөр менен ал чөнтөгүнөн бирди сууруп чыкты. — Карачы, кандай укмуштуудай сүрөттөр жана ар бир күнгө Ыйык Китептин цитаталары бар. — Майкл мага бир экөөсүн окуп берди. Майклдын аңгемелерин жана жаңылыктарын угуп жатып, мен боштондук эмне экенин эсиме түшүрүп жаттым. «Боштондук» деген сөздү Майкл бир топ тез-тез айтчу, бирок анын «боштондугу» түрмөгө жана камераларга эч кандай тиешеси жок болчу. Ал «Ыйса Машаяктын боштондугу» жөнүндө айтып жаткан. Мен бул жөнүндө андан сурачу эмесмин, ал болсо үгүттөбөйм деген өзүнүн убадасында турду. Баарлашуунун жүрүшүндө ал өткөн жумада анын турмушунда Теңирдин жасаган иштери жөнүндө албетте эскертип кетээр эле. Анын жыйынында болуп жатка нерселер жөнүндө айтып жатып, алТроодос тоосунда уюштурган жаштардын лагери жөнүндө берилүү менен айтып берчү. Майклдын анын жыйынында болгон күнүмдүк турмушу жөнүндөгү келжирин чыдап угууга туура келчү. Бирок дегисинен мага башка элдердин кантип жашаганы жөнүндө уккан жакчу. Мына ушинтип Майкл мага чындык менен болгон байланышты жоготпошума жардам берди. Майкл мени жалаң эле өзүнүн келиши менен колдогон жок. Жумасына бир жолу ал өзү мага жазчу, андан башка да өзүнүн бирге ишенгендеринин каттарын салып жиберчү. Мен аларды ач көздүк менен окуп чыкчумун. Андан кийин ал мага китептерди жөнөтө баштады. Биринчи мезгилде, алардын эмне жөнүндө экени мен үчүн маанисиз деле болчу, мен жөн эле окугандан ыракат алчумун. Түрмөдөгү көзүмө көрүнгөн китеп жана журналдардын көпчүлүгүнүн мазмуну уятсыз болчу. Мага болсо кандайдыр-бир маанилүү, олуттуу нерсе керек эле. Кийинки алты айдын ичинде Майкл сейрек гана абалда болбосо, мага ар бейшемби сайын келип турду. Мени калтыраардын астында, ал ар дайым сыйынчу. «Мына акылы жок болсо акылы жок болот турбайбы, — деп ойлодум мен, — жумулуу көздөрү менен күбүрөп-шыбырайт, Теңир аны чынында эле уга тургансып». Эгер Майкл бейшемби күнү келе албаса, анда өзүнүн ордуна сөзсүз башка бирөөнү жиберчү. Бир жолу ушундай сүйкүмдүү Валери чоң эне пайда болду. Мени анын кайраттуулугу суктандырды. Ушундай кара чаар жыландын уюгуна келүү — бул үчүн кандай гана чечим керек! Бирок Майклдай эле, Валери чоң энени ошондой эле Машаяктын сүйүүсү илгерлеткендиктен, анын назик, энелик акыл айтуусу мага чоң ыракат алып келчү. Башка бир жолу Майкл өзүнүн ордуна Ричард Ноксту жибериптир. Ричард менен жеңил болчу, мен аны кат аркылуу билчүмүн. Ал көп жылдар бою Ливандын борборунда, Бейрутта миссионер болгондуктан, качан биз Жакынкы Чыгыштагы окуялар боюнча сүйлөшкөндө, бизде тикеден-тике катышыбыз бар болчу. Анын айткандары менин Ливанда жан сакчы болуп иштеген мезгилде эсимде калгандарга такыр окшош эмес эле. Мен анын эрдиги үчүн сыйлап калдым, себеби европалыктарга Жакынкы Чыгышта жашоо, өзгөчө аялы жана балдары менен кыйын эле болчу. Бирок Ричард, Майкл сыяктуу эле, эч бир нерсеге карабай, экөө айткандай, Кудайдын сүйүүсү аркылуу адамдарга жардам бергенге аракет кылчу. Мен анда муну түшүнчү эмесмин, бирок кантсе да акырындап Майклдын жана анын досторунун айткандарына кулак сала баштадым. Алар мен качандыр-бир билген башкаларга такыр окшош эмес болчу. Алар чындыгында эле мага кызыгышчу, муну мен эч кандай түшүнө алчу эмесмин. Кандайча мындай болуш керек, таптакыр тааныш эмес адамдар ушундай достук сүйүүнү, чынын айтканда, ага татыктуу эмес адамга көрсөтүшөт. Мен чынында эле алар менен жолугушууну жана алардан каттарды чыдамсыздык менен күтүп жаттым. Кантсе да, fylakiде өткөргөн алты ай, менин эс-акылыма таасирин тийгизбей койгон жок. Мурунку турмушум мени эч кимге ишенбөөгө үйрөтүп жана такай сактыкта жүрүүгө үйрөткөн. Мына азыр да мага менин жаңы досторумдан көз карандылыкта болуп калгым келген жок. Мен канчалык көп ойлогон сайын, ошончолук көбүрөөк күмөн санай баштадым. Бир жолу эртең менен бейшембиде, 1990-жылы 3-майда, мен өз керебетимде жатып алып Майкл жөнүндө ойлоп жаткам. Мен ойгонгондо эле ал жөнүндө арам ой менен тургам. Ал менден эмнени каалайт? Чындыгында эле эмнени талап кылып жатат? Ал мага жиберген китептер полдо тобу менен тыкан жатат. Ал жакында мага Ыйык Китепти белекке берди, бирок мен аны колума алган жокмун. Бир-эки сапты окугандан кийин бардык кызыгуумду жоготуп койдум. Ал жөн эле менин мээмди тазалап жатат. Болгону ушул. Жөн эле мени өзүнүн таң калаарлык сектасына алып баргысы келип жатат. Ал кантип менин ушундай амалкөй жол менен көзүмдү боегонго акысы бар? Кандайча мени менен боштондук жөнүндө келжирегенге жана эркин турмуш жөнүндөгү аңгемелери менен делебени козгогонго акысы бар? Ушул жерден мага, анын аты мен камалаардын астында бир жума мурун кандайча угулганы эсиме түштү. Азыр болсо ал түрмөдө мени шылдыңдап жаткан турбайбы. Деги ал ким экен? Бул жолугушууларды токтотуш керек. Жетишет мени шылдыңдаганы! Мына ушундай ойлор эртең менен менин башымда мык менен кадап койгондой туруп калды. Мен бүгүн эле Майкл менен аныктап сүйлөшүшүм керек. Эгер ал чындыгында эле менден эмнени кааларын айтпаса жана ачылбаса, мага, бардыгынан мурда, аны өз ордуна коюшум керек. Ошол мезгилде, мен түштөн кийин жолугушуучу бөлмөдө болгон кезде, мени кыжырдануу сезими муунтуп калган болчу. Мен Майклды күтүп отургучта отурган кезде, менин ичимде ачуум ушунчалык кайнап жатты. Жолугушууга келген камактагы гректердин туугандарынын келжиректери такай менин жиниме тийчү, бирок бүгүн мен өзүмдү бүт Майклга кас болууга топтоштурдум. Ал каякка жоголуп кетти? Эмне үчүн кечигип жатат? Кайрадан менин көзүмдү боегону жатабы, жада калса азыр дагыбы? Мына эшик ачылып, бөлмөгө Майкл Райт кирди. Анын жүзүндө баягы эле кулагына жеткен келесоодой жылмаюусу бар эле. Мен өзүмдү оролуп алып өзүнүн курмандыгын күткөн жыландай сездим. Оо, мына ал, менин жемим, аны мен, өз курмандыгын жылан чагылгандай оромун жазып кандай таамай сайса, мен дагы ошондой таамай сая алам. Мен жарым үн менен аны каргай баштагам. Отургучту жылдырып жатып, Майкл менин чымырканган абалымды сезбей кое алган жок, анан ошол эле замат жүзүнөн жылмаюу жоголуп, олуттуу боло түштү. — Эмне болду, Тони? Эмне болду? — деп чочулоо менен сурады ал. — Майкл, сен эмне үчүн бул жакка келип жатасың? — деп кастык менен сурадым мен. — Силердин баарыңарга менден эмне керек? Майкл, отургучтун артына жөлөнүп, жайбаракат мага карады. Ушул кезде чындыгында эле мен аны бир соккум келип кетти. — Тони, мен бул жерге Ыйса үчүн келип жатам, — деп ал күткөн түрдө унчукпай калды. Ага жетип отургучка бир чабыш өтө эле оңой болчу. Ыйса сени сүйөт, Тони. Мен өзүмдү каргап жаттым. Майкл коркоктордун арасында эмес экен. — Кудай мен аркылуу сага кайрылгысы келип жатат деп ойлойм. «Жетип келдик, — деп ойлодум мен. — Мына бул мээни тазалоо деп аталат». — Мен сага, Анын сүйүүсүн көрсөткөнү келип жатам. — Майкл менин көзүмө тике карады. — Ыйсанын сени, азыркы сен отурган жерден, түрмөдөн чыгарганга кудурети жетет, — деди ал. Анык ушул нерсе менин көңүлүмдү чөктүрүп жатпайбы! Мен темир тордун арт жагында отурсам, ал мени менен кантип боштондук жөнүндө сүйлөгөнгө акысы бар? Ага келжиреген го оңой; ал каалаган убагында бул жерден туруп чыгып кете алат. — Бол, Майкл! — деп киркиредим мен. — Айтчы мага, кантип Ыйса мени бул жерден алып чыгат. Кандайча, сенин оюңча Ал мени бошотот? Сен деги кантип Кудай жөнүндө бир нерсе деп быдылдай аласың, эгер чындыгында эле Кудай жок болсо? Сен Ыйсага качандыр-бир жолуктуң беле, Аны көрдүңбү? Мен орой жана жек көрүү үнү менен Майклга суроо жаадырдым, бирок Майкл селт этип да койгон жок. Ал эч нерседен коркуп да койгон жок. Эмне үчүн ал кетпей жатат? Эмне үчүн мени калтырбай жатат? Ал керек болсо менден корккон да жок! Ал, мен аны ачык-айкын эле өлтүрүп коерумду эң жакшы билет. Майкл менин суроолорума ирээти менен жооп бере баштады. Мен аны урганга дитим барбады. — Жок, Тони, — деди ал ишенимдүү. Сен туура эмессиң, мен Ыйсага жолуккам. Кабагымды түйүп, мен Майклга ишенимсиз карадым, бирок ал кебелбестен уланта берди. — Ыйса Машаяк жөнүндөгү чындыкты, Тони, мага кичинекей чагымда менин ата-энем айтып беришкен, — деди ал. — Мен жыйындагы жаштардын клубуна бара баштадым, анан бул Адам жөнүндө дагы көп билдим. Ыйса, Кудайдын Уулу, — деп улантты ал. — Ыйык Китепте айтылгандай, эгер сен оозуң менен Ыйсаны Теңирим деп тобо кылсаң жана Кудай, Аны өлгөндөн кийин тирилтти деп жүрөгүң менен ишенсең, анда куткарыласың. Мен ушуну жасап жүрөм. Ыйса мен үчүн кымбат баа төлөдү деп эсептейм. — Бул кандай? — деп мен кескин түрдө Майкты буздум. — Мен күнөөкөр болчумун. Мен өлүмгө татыктуу болчумун, бирок Ыйса менин ордума айкаш жыгачта өлүүнү чечти жана мен Кудайдын сүйүүсүн таанышым үчүн, ошондой эле кечирилишим үчүн, Өзүнүн канынын баасы менен менин күнөөлөрүм үчүн толугу менен төлөдү. Ага чакыруу ыргыткандай, мен жек көрүү менен каткырып жибердим: — Сен эмне деп жатасың деги? Сен бала чакта белең. Өлүмгө татыктуу экениңди, сен кантип ойлой алдың? Мелдешкенден корком, сен анда жаман эч нерсе кылбагандырсың. Майкл астыга обдулуп: — Ыйык Жазууда айтылгандай, бардыгы күнөөгө батышкан жана Кудайдын даңкынан айрылып калышкан. Тони, биз бирибиз да калбай, бардыгыбыз күнөөкөрбүз. Бирок бизде жакшылык менен жамандыкты тандап алууга укугубуз бар, анан керек болсо бала болуп туруп дагы, биз Кудайдын эркин аткарбайбыз. Сен жамандык кылганыңды, күнөө жасаганыңды, өзүң эң жакшы билесиң. Мен дагы эң жакшы билем, күнөө кылып жатканымды, күнөө жасаганымды… — Эми мындан эмне болуптур? Бол, Майкл, ачыкка сал! — дедим мен орой. Майкл мага эңкейип: — Кудай бизди жаратты, Тони. Ал бүт ааламды жана андагы болгон бүт баардык нерселерди жаратты. Ал — биздин чыныгы Атабыз. Бирок Ал — ыйык жана кемтиксиз, анан Ал күнөөгө жана калпка толгон бизди карай албайт. Андан бөлүнгөнүбүздүн себеби мына ошол. Мен Майклга ачуулуу көз караш менен тике карадым, бирок бул аны эч бир коркуткан жок. — Мен, качан кичинекей бала болгон кезимде, Кудай мурдагыдай эле сүйөөрүн түшүндүм, анткени ал биздин Атабыз. Ал биздин жамандык кылганыбызга жана туура эместигибизге карабай, биз менен мамиле түзгүсү келет. Мына ошол себептен Ал жерге Өзүнүн Уулун жиберди. Ал биздин арабызда жашаш жана биздин ордубузга өлүш керек болчу. Ыйса Адамга айланган Кудай болчу. Майклдын сүйүү көрсөткөн атасы жөнүндөгү тантый бериши менин ого бетер кыжырымды кайнатты. Алар, менин өз ата-энем кантип мени сатып кетишкенин эскергенге мажбур кылышты. Майкл менин оюмду окугандай сезилди. — Тони, адамдар дайыма оңтойсуз абалда калтырып кетиши мүмкүн. Сенин ата-энең. Сенин досторуң жана курбуларың. Мен сени жаман абалда калтырып кетишим мүмкүн. Элестетчи, сен күтсөң да, мен бир жумадан кийин сага жолугушууга келбей калам! Ошондой болсо да мында менин күнөөм жок болот. Мисалы, мен көчөдөгү тыгылыштан чыга албай калам. Бирок сен баары бир мен сени оңтойсуз абалда калтырды деп эсептейсиң. — Дагы, мындан ары эмне? — Анткени, Кудай сени менен эч качан мындай кылбайт. Ал сени аябай сүйөт. Инжилде Кудай Өзү сени калтырбайм жана таштабайм беп убада берет. Бул мени унчукпаска мажбурлады. Айтаарга эч нерсе жок эле. Мен кыйкырбашым үчүн эринимди тиштеп алдым. Мени кайрадан ачуу титирете баштады. — Мейли, Майкл… Эгер Ал мени сүйсө, Ал азыр каерде? Эмне үчүн ал мен бул үйүлгөн сасыткыда тегеренип жатканда мага жардам бербейт? — Кудай сени такылдатып жатат, Тони, бирок көптөн бери… мен аркылуу, Валери эже аркылуу, Ричард аркылуу, бир тууган жана эже-карындаштар аркылуу. Сен Аны билишиңди Ал ушунчалык каалайт. Мына, укчу, Инжил эмнени айтып жатат, Жакан жазган Жакшы Кабарда, үчүнчү бөлүм, он алтынчы аятта: «Кудай бул дүйнөнү абдан сүйгөндүктөн, Өзүнүн жалгыз Уулун берди. Кудай Аны Ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди»,— деп Майкл унчукпай калды. — Түбөлүк өмүр? Аны менен мени эмне кыл деп турасың, Майкл? Мен өз өмүрүмдү жек көрөм. — Сен өз өмүрүңдү жек көрөсүң, себеби сен эркиндикте эмессиң, сен камактасың, — деп жооп берди Майкл. Келдик, ал дагы эле боштондук жөнүндө баштады. Бирок ага баа бериш керек: ал мага кол шилтеп койгон жок. — Бирок сен менин суроомо жооп берген жоксуң, Майкл, — деп күңкүлдөдүм мен. — Эгер сенин кемтиксиз Кудайың мени ушунчалык сүйсө, анда мага эмнеге келбейт? Эмне үчүн Ал сага, Ричардга жана Валери чоң апага жашыныш керек? Ал эмне коркуп жатабы? Мага, бул жеткиликтүү чукугандай суроо катары сезилди. Майкл отургучтун артына чалкалап, бир аз убакытка дейре ойлоно калды. — Оо! Мен сени түшүндүм! — Андан кийин Майкл жай жана ишенимдүү түрдө сүйлөй баштады: — Тони, эгер Кудай ушул жерде, ушул бөлмөдө пайда болсо, сен ошол саат бетиң менен жерде болуп калаар элең. Сен аябай коркуп жана Ага караганга да аракет кыла албайт болчусуң. Ошол себептен, сен Кудайга келип жана Анын сүйүүсүн билишиң үчүн Ал Ыйсаны жиберди, — деп аяктады ал. Мен анын мага айткандарын сиңиргенге да аракет кылган кылган жокмун. Мен дагы эле анын кычыгына тийип, ыза кылгым келип жатты. — Мен бардык турмушумда сенин Кудайыңсыз эле жаман жашаган жокмун. Азыр Ал мага эмне үчүн керек, сен кандай деп ойлойсуң? Кана, Майкл, ушуга мага жооп берчи! Анан мен күчүмдүн бардыгынча үстөлдү муштумум менен бир чаптым. Variano ошол замат селт этип ыргып турду, бирок Майкл аны тынчтандырыш үчүн, колун көтөрө койду. Бирок тигил эми менден көзүн айрыган жок. — Сен өмүр бою жүрөгүңдө туңгуюкту сезип жүрчүсүң, аны эмне менен гана толтурганга аракет кылган жоксуң, бирок керектүү нерсе менен эмес, — деп баштады Майкл. — Сен бул туңгуюкту кун-фу күрөш чеберчилиги менен толтурганга аракет кылдың, буддизм менен, профессионалдык жан сакчынын даңкы менен, секс менен, баңги заттар менен, ачуу менен, зомбулук менен… Ушунун баары сага каалаган канааттандырууну алып келген жок. Сен сынап көрбөгөн бир гана нерсе калды: Ыйса Машаяк. — Эми үстөлдү муштуму менен Майкл бир чапты. Ал көңүлү эргүү жана жандануу менен сүйлөп жатты. Анын колунда ачкычтардын тизмеги бар эле. — Тони, бул сенин камераңдын ачкычтары деп бир мүнөткө элестетчи. Ой жүгүртчү, мен сага аларды бердим, бүгүн түнү түрмө сакчылар уктап калганда сен качып кете аласың. Эмне деп келжиреп жатат? Майкл уланта берди: — Ой жүгүрт, сен түрмөнүн дубалдарынан тырмышып чыгып, анан түрктөр жакка өтүп кетип, андан кийин аралдан качып кеттиң. — Майкл мени тике карап турду. — Сен өзүңдү бош адам катары сезе аласыңбы? — деп сурады ал. — Эмне деген келесоо суроо? — деп кыйкырып жибердим мен. — Албетте, мен боштондукта болом да. Сен эмне жөнүндө айтып жатасың? — Жок, Тони, сен бош адам боло албайсың, сен баягы эле Тони боюнча кала бересиң. Сен өзүңдүн чачыңды, кийимиңди, банктагы акчаңдын санын жана жашаган жериңди өзгөртө аласың. Сен өзүңдүн көп жериңди алмаштыра аласың, бирок такай баягы эле Тони боюнча кала баресиң. Сен ушуга чейин кетирген катаңды уланта бересиң. Сага өткөндөрүңдү жок кылууга, бардык кетирген күнөөлөрүңдү жууй алганга мүмкүнчүлүгүң жок. Сен такай ачуулуу жана каарданган абалда болосуң. Сен кичине тынчтана аласың, бирок эгер мен сенин талуу жериңе тийсем, сен мурдагыдай эле жарым кайрылыштан козголо баштайсың. Ушунун баардыгы, сен Ыйсаны жүрөгүңө кое бербегениңден келип чыгат. Сен өз турмушуңа канааттанбайсың. Кудайга кайрылмайынча, сен ушундай бактысыз, ушундай жалгыздыкта такай болосуң. Мен анын сөзүн уят-сыйытсыздык менен кандайдыр-бир келжирек менен бузуп кеттим, бирок Майкл уланта берди: — Сен бул жерден чыгып, толгон акча таба аласың, жасалгалуу үй кура аласың, ал жерге алтындан даараткана кое аласың, өтө модалуу машине сатып ала аласың, керек болсо үй-бүлө күтө аласың, бирок мен сени ишендирип кете алам, сен баягы эле Тони бойдон кала бересиң. Сен чындыгында муктаж болгон нерсеңди ушул буюмдардын баардыгы бере албайт. А эгер ушул эле түнү сенин жаныңды алып кетсечи, Тони? Сага сенин акчаларың жардам бере алабы? Кенедей да! Сага — үй-бүлөң да, досторуң да, сен бүт болгон жашооңдо өзүңдү курчаган нерселердин баардыгы жардам бере албайт. Сени эч нерсе бошото албайт. — Майклдын чекеси тердей түштү. Ал уланта берди: — Ушул буюмдардын бардыгы баңги заттарды элестетет, алар сага убактылуу жыргалды берет, сага бакыттын кырында бир аз болууга жардам берет, бирок эч нерсе сени бошото албайт, эч нерсе сага анык канааттандырууну алып келе албайт. Тони, укчу мени. — Майкл терең дем алыш үчүн, унчукпай калды. — Мына Инжилде жазылып турат: «Эгерде силерди Уул эркин кылса, анда чындап эркин болосуңар.». Ушул айтылган сөз — «Эгерде силерди Уул эркин кылса, анда чындап эркин болосуңар» — мага түбөлүк сакталып калды. Ошол учурда мен кокусунан, менин колум «каздын терисиндей» боло түшкөнүн сездим. Беш мүнөттөн кийин жолугушуу бүтөөрүн билдирген коңгуроо берилди. Майкл менин түшүнүшүм үчүн аракет кылып жатты, бирок мен мурдагыдай эле ачууланып, муну ага көрсөткүм келип жатты. Мен дагы эле анын тургузган нерсесин кыйрата турган далил таба алам деген ойдо болуп жаттым, бирок ал бир аз алдыга жүткүнө жана көзүмө карап, аягында мага мына муну айтты: — Бардык Ага ишегендер, Тони, бардык ишенгендер… Ишениш керек — мына жалгыз гана, сага эмне кылыш керек. Ыйса сен үчүн бардыгын жасады. Ал сага жол салып койду, ошондуктан сен өз кылмыштарың үчүн тобо кыла аласың, Кудай сени кечирет. Мен диний ырым-жырым жөнүндө жана такыбасынган соопчулукту айтып жаткан жокмун. Мен Кудайдын куткаруусу жөнүндөгү ишеним жөнүндө айтып жатам. Сен кыла турган нерсе — бул ишенүү жана Кудайдын белегин кабыл алуу гана. Мага капысынан бөтөлкө кармаган жаш көчөдөгү насаатчыны карап турган кезим, Лимассолдогу кеч эсиме түштү. — Тони, сен мурда мага көңүлү сергектиктин жолу жөнүндө, кун-фу күрөш чеберчилигинин жолун айткансың, бирок мага эскерткенге мүмкүндүк берчи, Ыйса Машаяк мындай дейт: «Жол,чындык жана өмүр Менмин. Атама Мен аркылуу гана барууга болот, Менсиз эч ким бара албайт». Эгер көңүлү сергектиктин жолу — жолдордун бири болсо, анда Ал — жалгыз жол. Жөн эле муну факт катары кабыл ал, Тони. Мени менен менин тилимде сүйлөшүп, ал туура ондукка тийди. Мен көзүмдү жерге түшүрдүм. Азыр мен суудан да жай жана чөптөн да ылдый элем. — Майкл, сен менин кандай шүмшүк адам экеним жөнүндө түшүнүгүң да жок. Кандай гана күнөө кылган жокмун. Кантип эле мага дагы жардам бергенге мүмкүндүк болсун? — деп менин жүрөгүмдө болуп жаткан нерселерге каршы болуп, сурадым мен. Майкл кайрадан Инжилге кайрылды: — Ыйык Элчи Пабылдын Римдиктерге жазган катында, сегизинчи бөлүм, биринчи жана экинчи аяттарында мындай дейт: «Ошентип, азыр Машаяк Ыйсанын ичинде күнөөкөр табияты боюнча эмес, Рух боюнча жашап жаткандарга эч кандай айып коюлбайт. Анткени Машаяк Ыйса аркылуу өмүр берүүчү Рухтун мыйзамы мени күнөөнүн жана өлүмдүн мыйзамынан бошотту». Мен Майклды карадым. Ал, мен кантип уккандарымды бардык күчүм менен түшүнүүгө аракет кылып жатканымды көрүп турду. — Эч кандай айыптоо жок, Тони. Кайрадан эч ким тийбеген, эч ким бузбаган, жаңы барактай. Сен бардыгын башынан баштайсың. Ыйса сенин күнөөлөрүңдү Өзүнө алып жана аны жок кылат. Мына Ыйык Элчи Пабыл ушу жөнүндө айтып жатат. Пабыл кара ниет киши өлтүргүч болчу, ал машайакчыларды куугунтуктаган, — деп Майкл түшүндүрүүсүн улантты. — Бирок Кудай баарын сүйөт, Тони. Мен эмне жөнүндө сага айткым келет. Коркунучтуу күнөө жасаган Пабыл, Ыйса Кудайды жолуктуруп анан такыр өзгөрүлөт. Андан кийин куткарылуу үчүн миңдеген жана миңдеген башка күнөөкөрлөрдү алып келет. Ыйса анын өткөн коркунучтуу иштерине карабай жана анда мурдагыдай эле калган кемчиликтерге карабастан, Пабылдын жүрөгүнө таасир кылат. Түшүнөсүңбү, Тони, биздин Кудай адамды үмүтсүз калтырбайт, Ал дайыма дагы бир жолу мүмкүнчүлүк берет. Майкл менин оорулуу жериме тийди. Кийинки айларда мен чындыгында эле менин өмүрүм эч нерсеге татыбайт, мен түрмөдө кылган ишиме жараша болуп калдым жана мага эми эч ким жардам бере албайт деп ойлой баштагам. Мен эми оңолбойм деп ойлогом, бирок Майкл мага Кудай өзгөрткөн Ыйык Китептин каармандары жөнүндө айтуусун уланта берди. — Биздин сүйлөшүүбүздүн башында мен, баардыгы жаңылат, баардыгы күнөө кылат деп айтканым эсиңдеби?— деп сурады ал. — Ошого ылайык, бардыгы кечирүүгө муктаж. Ыйса аркылуу бул кечирим Кудайдын белеги катары бекер берилет. Бардык адам кыла турган нерсе — бул Кудайга кайрлышыбыз гана керек. — Ыйык Жазууну көрсөтүп, Майкл тезирээк сүйлөй баштады: — Римдиктерге жазган катта, үчүнчү бөлүмүндө, жыйырма үчүнчү аятынан баштап мындай дейт: «Бирок азыр мыйзамга көз карандысыз эле Кудайдын адилеттигине ээ болууга жол ачылды. Бул жөнүндө «Тоорат» жана «Пайгамбарлар» китептеринде күбөлөндүрүлөт. Кудайдын бул адилеттиги — бардык ишенгендерге Ыйса Машаякка болгон ишеним аркылуу бериле турган адилеттик. Анткени эч айырма жок…» Мен кайрадан Майклдын сөздөрүнө жармашкым келди. Мен ушунчалык толкундандым, «Эгерде силерди Уул эркин кылса, анда чындап эркин болосуңар» деп айтылган сөз менин башыман кетпей койду. Майкл көкүрөгү менен дээрлик жатып алып, мага дагы жакыныраак эңкейди. — Сен Ыйсаны жүрөгүңө каалаган убактыңда кое бере аласың, Тони, — деди ал. — Бирок эсиңде болсун, сенин жаныңды кайсы түндө алып кетээрин сен билбейсиң. Ыйык Китеп мындай дейт: «Мына, азыр ылайыктуу мезгил, мына, азыр куткарылуучу күн», — ошондуктан бул ишти жата берсин деп таштап койбо. Мен анын көз карашынан качып жаттым. — Бирок муну кантип иштесе болот? — деп мен араң шыбырадым. — Сен Кудайга сыйынып, Андан кечирим сурашың керек. Ага айт, сен Ыйсаны өзүңдүн Куткаруучум деп эсептеп, Ага ишенээриңди жана сен Аны көрө албасаң да, өзүңдүн үмүт кылууңду Ага тапшыраарыңды айт. Сен Кудайдын сүйүүсүн табышың үчүн Ал сен деп айкаш жыгачта өлгөнү үчүн, Ыйсага ыраазычылык билдир. Жолугушуу аяктаганын билдирген коңгуроо берилди. — Ушул элеби? — деп мен бир топ уятсыздык менен сурадым. — Ушул жетиштүү, Тони. Бирок сенин сыйынууң чын жүрөгүңдөн болуш керек. Бирок сен Кудайга чындыгында эмнени сезип жаткандыгыңды гана айтышың керек. Сен мурдагы турмушуң менен коштошушуң керек, туура келбеген нерселерди жасаганды токтотушуң керек. Бул оңой иш эмес, бирок Ыйса сага жардам берет. Жолугушууга берилген убакыт аяктады. Бөлмөнүн ичи ээндей баштады. Майкл көзүн жумуп сыйына баштады: — Теңирим Ыйса, биз Сага ыраазычылыгыбызды билдиребиз, Сенин бизди ушул түрмөдө да калтырбай жатканыңа. Баардыгы үчүн, Сен Тони үчүн да кылып жаткан иштериңе ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Сен Тонини сүйгөндүгүң үчүн да ыраазыбыз. Мен Сенден суранам, Атаке, Тони Сенин сүйүүңдү кабыл алганга шашылсынчы. Оомийин. Мен үстөлдөн көзүмдү тартып алганга күчүм келбей отурдум. — Менин досум, мен сага бир жумадан келем,— деди Майкл. Муштумумду бекем кысып, мен үн чыгарбадым. 11-бөлүм Өзүмдүн блогума шаша кайтып келип, мен чуурган ойлорумду токтото албай жаттым. Мен Майклдын сөздөрүн эстегенде, алар менин башымда анык куюндай болуп өтүп жатты. Бул шумдуктуу жердеги чыдай алгыс ысык, коңурсуган сасык жана адамдын азап чегүүсү мурда эч болбогондой сезим менин көңүлүмдү ушунчалык чөгөт кылып жатты. Дубалдар мага урап түшкөнгө даяр тургандай сезилди. Мен ырайымсыз жырткычка, үрөй учурууну жараткан капастагы жырткычка окшош элем. Менин камерамдын жанында өз ойлоруна жылмайып, бир маньяк бекерчиликтен сандалып жүрдү. Ал терең соруп, мурдунан түтүндү чыгара чылым чегип жатты. Мен анын жанынан өтүп бара жатканда, ал мени тамеки менен сайып калды. Оң колумда шыр эле күйүк пайда болду. Мени тамашалаш үчүн маньяк ыңгайсыз учурду тандап алды окшойт. Жаалданган ачуу менде ашып-ташып, ошол замат ага жаады. Тамашакөйдүн чачынан кармап алып, мен аны быдыр ала болгон дубалдын бетине башы менен экөөбүз тең кан менен боелмоюнча ура бердим. Мен канга тойгон ошол мезгилде маньякты өз энеси да тааный албайт болчу, анткени мурду жок болуп калып, анын ордуна байкуштун бетинде бирдеке салаңдап турган. Өз камерама келгенде мен кыйкыра баштадым. Бул алдыдагы белгисиздиктен кыйналган жандын кыйкырыгы эле. Майклдын сөзү каршылыкка орун калтырбагандыктан, мен андан кутулганга аракет кыла баштадым. Ошол эле убакта мен коркуу менен көзүмдү жумуп, анан кулагымды басып жаттым. Майклдын жылмаюусу жана теше тиктеген көз карашы мени тынымсыз кубалап алды. Ал мага эмнеге жармашып алды? Азыр мен, мен ким элем жана эмнеге айланып калдым деп аргасыздан ойлой баштадым. Өмүр бою, чоң эсеп менен алганда, мен эч кимге деле зар болгон эмесмин. Мен өз күчүмдү сезчүмүн, бардык майданда ийгиликке жетишериме ишенчүмүн, өзүмдү кармана билчүмүн. Бирок Майкл «ашып-ташыган өмүр»жана «зор кубаныч» жөнүндө кайталап жатты. Менде түрмөдө өткөргөн кийинки айларда, албетте, буга окшош эч нерсе болгон эмес. Мен өзүмдүн жолумдагы кун-фу күрөш чеберчилиги, мелдештердеги жеңиштерим жөнүндө жана жан сакчынын жумушу жөнүндө ой жүгүртүп жаттым. Мүмкүн, Майкл кандайдыр-бир жактан туурадыр. Мага акчаны туш келди чачкан жакчу, мен канды дүркүрөткөн, дуулдаган турмушту жакшы көрчүмүн, ошондо да мага дайыма бир-нерсе жетишчү эмес. Мен дайыма жакшы жана чоң нерсени каалачумун. Азыр мени мунун баарынан ажыратышты, ошондой эле денелик формам эң сонун деле болчу эмес. Ал турсун турмушумдун кыйын учурунда, менин күнүм мүнөт боюнча эсептелген чакта да, мен күнүмдүк машыгуума беш сааттан кем эмес убакытты арначумун. Азыр болсо менин убакытым ашып-ташып жатты, бирок бул жагдайдын эч кандай деле мааниси жок болчу. Мен баарына түкүрүп жаттым, анын ичинде кун-фуга да жөн эле кызыгуум тарап кетти. Медитация жана көңүлү сергектикти издөөгө тиешелүү жактан болсо, ал үчүн, баарынан мурда, ички дүйнөңдүн тынчтыгы зарыл, анткени тартипке келген сезим гана чындыкты байкай алат. Менде зордуктоону самоо сезими ашып-ташып жатты, мен кантип тирүү калууну гана ойлоп жаттым. Түрмөдө мен мени курчагандардай эле акырындык менен жырткычка айлана баштадым. Мен баңги затты эрмектеп жана мааниси жок, пайдасыз териштирүүлөргө эптеп убакытты өлтүрүш үчүн кирип кетчүмүн. «Ашып-ташыган өмүр»… бул эмнени билдирет? Мен буга окшогон толук турмушту Айя менен болгон байланышта гана сездим, бирок бул бир гана жолу болгон эле. Мен коркунучтуу жолго түштүм. Кийинки бир нече айлар бою мен Айя жөнүндөгү ойлорду атайын эле кууй баштай турган болдум. Азыр болсо, анын күнөөсүз татынакай элесин эстеп, мен титирей түштүм. Ооба, анык Айя мага сүйүүнүн кандай болоорун көрсөттү, бирок Айя азыр жок. Көзүмдү жумуп, мени «көрүү максатында» анын менин бетимди кандай назиктик менен сыйпалаганын мен эске түшүрдүм. Капысынан менин көз алдыма акыл-эсинен ажыраган зэктин элеси жана кандуу жазалоо келе түштү. Андан соң мен Айяны: ал сынган сөөктөрдү жана быт-чыты чыгып айрылган терини көрүп, анан манжалары менен жылмышкан жылуу канды сезип жатканын көз алдыма келтирдим. Мен анын кандайча ыйлап жатканын уккандай болдум. Качандыр-бир кезде ал мени сүйүп калды, бирок ал азыр, менин кандай жырткычка айланганымды билсе, сүйө алат беле? Эч качан! Кантип ал мени сүйө алат эле, эгер мен адамды чала жан болгончо сабап жана өмүрү өткөнчө майып кылып таштасам? Көзүмө көрүнгөн бул элести кууш үчүн, мен матрацтын астына кирип, кулагымды жаздык менен жаап алдым. Менин арыктаган денемди коркунуч кыйнап жатты. «Кудай сени сүйөт, Тони». Муну Майкл айтты. Сөз менин башымда эрксизден айлана берди, мен болсо андан кутула албай жаттым. Мен аларды кууй баштадым, бирок убакыт өтүп жатты, андан кийин бул сөздөр мени акырындап тынчтандыра баштады. Мен Майкл цитата кылган аятты эсиме түшүрүүгө аракеттендим. Ал менин сезимиме келе баштады, анан мен аны бөлүк— бөлүгү менен чогулта баштадым. «Кудай бул дүйнөнү абдан сүйгөндүктөн, Өзүнүн жалгыз Уулун берди…» Кээ-бир нерселер эсиме келе баштады. Кудай берип койгон. Ыйса Голгофанын айкаш жыгачына колу-буту керилип кадап өлтүрүлгөн, мен өткөн жашоомдо канчалык тоңкочук атсам да жана кийинки жашоомдо эмне кылбасам да, бул фактты эч нерсе өзгөртө албайт. Кайра-кайрадан мен тиги коридордогу киши жөнүндө ойлоп жаттым. Албетте Кудай менин жасаган ишиме көзүн жумуп койбойт, андыктан, мен жазаланамбы? «...Кудай Аны Ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсундеп берди». Мен бүт аятты эсиме түшүрүүгө аракет жасап, ар бир сөздү кайталап жаттым. Ушул сөздөр менин аң-сезимиме кирип, тим-эле ушул жерде, менин камерамда, кимдир-бирөө мага шыбырап, түшүндүргүсү келгендей болуп жатты. «Кудай Аны Ага ар бир ишенген… ар бир ишенген...» Ар бир сөздүн катылган маанисине терең түшүнүүгө аракет кылып жатып, мен өзүм үчүн башкача бир түшүнүккө келдим. Азыр топ менин талаамдын жартысында эле. Эгер буга макул болсом, анда мен Майклдын Ыйса жөнүндө айткандарынын калган баардыгына ишенишим керек болчу. Эмнеден баштасам? Кайрадан мен сабаган адамдын элеси мени кое бербей кыйнай баштады. Буга мындан ары чыдоого алым келбей, мен кыйкырып жибердим: — Кудай, кечир, кечир мени! Бул плотинанын жарылышына окшош эле. Капысынан менин көз алдыман, кино катары, менин өз жашоомдун көрүнүшү, качанкы бала кезимдин элестери бат өтүп кетти. Мен үрөй учурган туннелдин азап чегүүсүндө жана кыйноосунда учуп бара жаткандай болдум. Ойлорум дүрбөлөң түшө токтобой, менин ички көз карашымдын алдында биринин артынан бири болуп мен өлтүргөн кишилер келе баштады, мен алардын токмок жеген жана майып болгон денелерин, ошондой эле мен келтирген ар бир жаракаттарын көрүп жаттым. — Сага жалынам, Кудай, эгер Сен чын эле болсоң, менин күнөөлөрүмдү кечирчи мага, — деп кыйкырып жаттым мен. Кино батыраак айлана баштады. Мен баардыгын эстеш үчүн, аны жайлаткым келди, коркунучтуу азап чегүү менен эстей албаган нерселерим үчүн Кудайдан кечирим сурай баштадым. Мен ушунчалык боздоп ыйлагандыктан, демим кыстыга баштады. Менин кыйкырыктарым бара-бара катуураак жана аябай катуулагандыктан, мен башка камактагылар укпасын деп, бетимди жаздыкка катып алып, Кудайдын алдында кайра-кайрадан жан дүйнөмдү ачып жаттым. Ушундай абалда бир-нече саат өтсө керек. Мен акыр-аягында турганда менин камерамда караңгылык турган эле. Эшик жабык, түрмөдө-толук жымжырттык. Темир менен тордолгон кичинекей айнекчеден мен айды көрө алат элем. Мен темир тор аркылуу тийген айдын жарыгын карап жатып,мага кесилишкен темир таяктар көрүнбөстөн, Голгофадагы айкаш жыгачка кадалган Ыйсаны көрүп жаткандай болдум. Мага ушул кезде Майклдын айткандарын эске салуунун кажети деле жок болчу. Сөздөр агын суудай куюлуп жатты. Мен сыйынып жатып Ыйсадан кечирим сурадым, Андан менин жүрөгүмдүн боштугун толтура көр деп жалындым, мурдагы турмушумду таштап жана Аны менен бирге жаңы турмушту баштоого убада бердим. Мен Ыйса менен түнү бою, уктап калганга чейин маектештим. Эртеси күнү мага баардыгы башкача сезилди. Маанайым таптакыр башкача эле. Өзүмдү канчалык эстесем, мен дайыма ачуулуу жүрүп, эч кимди аяганды каалачу эмесмин, бүгүнкү таңда болсо капысынан түшүндүм, менин ачуулуу сезимим жоголуп, житип кеткенин. Жан дүйнөмдө тынчтык болуп, кандайдыр-бир ажайып элдешүү сезилип жатты. Бул сезим таң калтыраарлык эле. Мен кичинекей төрт бурчтук күндүн жебесин, айкаш жыгачка окшогон темир тордон, кербетте отуруп алып карап жаттым. Эшикте болсо, ачык, булутсуз күн тийип турган эле. Капысынан мага кийинки убакта мен такыр кичинекей терезени карабаганым эсиме түштү. Мага, мен эмнени жоготтум деген ой менен өзүмдү эзгим келген жок. Мен күн түрмөнүн блокторунун калың дубалдарын ысыта элек болсо да, ушунчалык ажайып жылуулукту сезип жаттым. Өткөн күндү жана түнкү Кудай менен болгон сүйлөшүүнү эстеп, мен жылмайып, анан: «Ракмат, Ыйса» — деп шыбырадым. Мени менен эмне болгонун азырынча түшүнбөй жаттым, бирок менде өзгөрүү болгонун гана билдим. Мага менин ийиндеримен оор жүк кулап түшкөндөй сезилди. Майкл менен сүйлөшкүм келди жана ага Кудайга кантип сыйынганым жөнүндө жана ошондой эле Ыйсанын мени куткаргандыгы жөнүндө толук ишенимим боюнча кат жазууну чечтим. Эшиктин темир кыйчылдап ачылгандыгын угуп, мен чочуп кеттим. Түрмө жандана баштады, ачылган эшик аркылуу камерага коридорду толтурган камактагылардын ызы-чуусу жана кыйкырыктары дуулдап кирди. Ушул жерден мен аябай ачка болгонумду сездим. Мурда түрмөнүн сорпосу мага жийиркеничтүү болчу, бирок азыр мен чыдамсыздык менен өзүмдүн сулудан жасалган боткомду күтүп жаттым. Керебеттен ыргып туруп, мен көңүлүмдү жаткан тамекиге бурдум жана ойгонгонума эки саат болсо да, аны чегүү оюма да келбегенин капысынан түшүндүм.Демейде, жок дегенде тамекиден экини чекмейинче мен керебеттен турчу эмесмин.Бул өзгөрүлүшкө селдейе калып, мен тамекинин пачкасын алып, керебеттин алдына алысыраак ыргыттым, көздөн далдаа, жүрөктөн нары! Менин эшигимдин жанында сары чачтуу далдайган камактагы киши турган, бул маньяктардын бири болчу, мага болсо кечээки кеч эсиме түштү. Менин камерамдын полунда дагы эле кандын изи калыптыр. Мен жакын арадагы эскерүүлөрдөн жыйрыла түштүм жана зор сарынын жанынан өтүп кетүүгө аракет кылдым. Тигил мен жакка бурулуп, жаман сөгүнүп, менин сол колума тамекисин басып калды. Мен анын көзүнө тике карадым да, колумдан күлдү силкип таштап, кетип калдым. Ашканага жетип, мен күйгөн колумду карап алып, өз көзүмө ишене албай койдум. Күйүк жок болчу! Менин колдорум мушташуунун натыйжасынан алынган көптөгөн тырыктар менен жабылган эле, кечээки күйүк азыркыга чейин ооруп жаткан, бирок жаңы күйүк жок болчу. Бир нече күндөн кийин мен китепканада Майклга экинчи катты жазып отургам. Менде көп суроолор пайда болду, мен чыдамсыздык менен аны менен жолугушууну күтүп жаттым. Менин жанымда Шри-Ланкалык жаш жигит Шейн өзүнүн сүрөттөрү менен отурган. Биз отурган орунду китепкана деп аташ кыйын болчу. Бул орой түрүндө чогултулган үстөлдүн үстүндө бир нече тамтыгы кеткен китептер жаткан кадимкидей эле камера болчу. Бирок бул камерада тынчтык болгондуктан, башкы блоктун үзгүлтүксүз кыйкырык жана мушташтарынан алыс болуш үчүн, мен акыркы күндөрүмдүн көпчүлүк бөлүгүн ушул жерде өткөрчүмүн. Мен кат жазып жаткан учурда, менин жүрөгүм ашып ташкан кубанычка толду. Мени курчап турган эң начар нерселерге карабастан, мен шаттанып жаттым. Кантип эле мага качандыр-бир кезде, азыркыдан дагы эң жакшы болобу? Шейнге кайсы-бир жолдор менен ысык суусу менен жана кичине ичилген кургак кофеси бар фляшка тийип калыптыр. Ал мага калай чөйчөктү сунду. — Тони, сага эмне болду? — деп сурады ал. — Эмне деген акмактык жылмаюу? Карап турсам, сен мына-мына камеранын ичинде бийлегени турасың. Мен катуу күлүп жибердим. — Жигит, укчу, чыныңды айт! Эмне кабыл аласыңбы? Бир аз бөлүшкүн, — деп айтты Шри-Ланканын тургуну. — Шейн, мен сайынбайм жана чекпейм, — деп мен күлүп жатып жооп бердим. Шейн мага бурулуп, көзүмдү көңүл коюп карады. Өз убагында ал баңги заттарды жашыруун алып өтүү жолу менен иштегендиктен, баңги заттын кайсынысы менен мас болгонун шыр эле билип алчу. — Кантсе да сен бир нерсени колдонуп алдың, болбосо сен эмнеден кумарланып жатасың? — деп ал күмөн санап сурады. Албетте менин бул акыбалым баңги заттарга эч кандай тиешеси жок болсо да, сырттан мен токтото алгыс эйфорияга курчалгандай көрүнүшү мүмкүн эле. — Шейн, мен жөн эле бактылуумун, мен Ыйса Машайакка ишенип калдым. Ошентип, мен мойнума алдым. — А-а, «Ыйса»… Бул мен үчүн кандайдыр-бир жаңы нерсе. Мурда мындай баңги зат жөнүндө укпаптырмын. Сен аны кайсы жерден таптың?— деп сурады Шейн. — Жок, Шейн мен чын эле тамашасыз айтып жатам. Бул түнү мен Кудайга кайрылдым, эми мен жаңы адаммын. Мен ушунчалык бактылуумун! Шейн күлүп жиберди. Түшүнүктүү иш, ал мага ишенген жок, мен ага Майкл Райт жөнүндө айтып бердим, аны менен болгон жолугушуу жөнүндө жана бардыгын, мага Ыйса жөнүндө эмне айтканын айтып бердим. — Шейн, бул кубанычты сезиш үчүн, мага эч кандай баңги заттын кереги жок. Мен сага эмне жөнүндө айтаарымды, укчу. Ар качан сен баңги затты колдонгондо, сага дайыма жакшы болот. Андан кийин, ушундай эле жакшы акыбалда болуш үчүн сен анын өлчөмүн көбөйтүшүң керек. Ушул бакытпы, Шейн? Бул оору, делебе козготуу, көз карандылык. Кандай кааласаң ошондой айт, бирок бул сени тырмышып кармап, мына-мына сен туңгуюкка кулай турган мезгилге келип, өлө турган мезгилге жетип, сага түз эле жерге житип кетүү үчүн жол даяр болуп калган учур болот. Шейн башын ийкеди, ал муну өзү да билчү. Мен Шейнге өзүмдүн сыйынуум жөнүндө жана ачуулануудан айыкканым жөнүндө айтып бердим. Мен ага тамекинин күйүктөрү жөнүндө жана дагы мен Ыйса Машаякты өз жашоомдо кабыл алган түнү болгон окуялар жөнүндө айтып бердим. — Мен шыр эле сендеги өзгөрүүнү байкадым,— деди Шейн. — Мен бул жолу сага жакшы товар келип калганбы деп ойлогомун. Таң калуу менен Шейн башын чайкады. Жакандан болгон Жакшы Кабардагы сөздөрдү эстөө менен, мен ага айттым: — Сен жөн гана ишеним менен сыйынышыңы керек, мына бүттү. Шейн көңүл коюу менен мени укту. Ал менин чындыкты айтып жатканымды түшүндү. Ал мага суроолорду берди, бирок мен Майкл менен талашып-тартышкандай болуп, талашкан жок. — Мен баары-бир бир нерсеге түшүнбөй жатам: эмнеге Ыйса өлүшү керек эле? Кудай эмне үчүн ушуну каалады? — деп сурады ал. Мен бир аз ойлонуп калдым. Мен үчүн да баары жаңы эле. Бирок мен ишенип калдым. Мен Кудай менен жолуктум жана Анын кечиримин сездим, бирок мага эне тили англис тили болбогондор үчүн түшүндүрүп берүү оңой болгон жок. — Шейн, Кудай — жеткилең жана ыйык, — деп баштадым. — Биз эч кандай жеткилең эмеспиз. Биз баарыбыз күнөөкөрлөрбүз. Дүйнөдөгү эң жогорку нравадагы адам да Кудайдын стандартына туура келбейт. Бул жөнүндө Ыйык Китепте айтылат. Бирок бул деген Кудай бизди сүйбөйт дегендик эмес. Чынын айтканда, Ал биздин Аны менен болушубузду абдан каалайт. Ал Өз Уулу Ыйсаны жерге кандайдыр-бир убакка адам болушу үчүн жөнөттү. Денеде келген Ал чындап эле жерде жашоо кандай экендигин жана биздей болуп кыйналуу деген эмне экендигин түшүнө тургандыгын бизге көрсөттү. — Түшүнүктүү, андан кийинкисин айт, — деди Шейн шаштыра. — Ошентип, Ыйса өлгөн кезде, Ал биз үчүн өлдү. Ал биздин кечирим ала алышыбыз үчүн жана Кудайдын алдында Машайактын ыйыктыгында тура алышыбыз үчүн, биздин бардык күнөөлөрүбүздү Өзүнө алды. Мына ошол үчүн Ыйса жеткилең курмандык болду. Ал биз үчүн өлдү, башкача айтканда биз өзүбүздүн кылмышыбыз боюнча татыктуу болгон өлүмдү кабыл алып, бизге өмүр берүү үчүн өлдү. Бизге өмүр менен өлүмдү тандоо берилди. — Биз баарыбыз өз күнөөлөрүбүз үчүн жазаланышыбыз керек эле, бирок Кудай бул жазадан бизди куткарды деп жатасыңбы? — Жалпысынан алганда, ошондой. Бирок Кудай бизди жазадан куткарган жок. Биздин күнөөбүз үчүн болгон жаза калды. Бирок бул жазаны биз эмес, Ыйса алды. Мен бир аз токтоп, бул чындыкты жөнөкөй кылып, жашоодогу мисал менен түшүндүрүүнү чечтим. — Илгери-илгери эки бала жашаптыр, бир үйдө чоңоюшуптур, чоңойгондо мыкты дос болушуптур. Жылдар өтүп, алардын жолу экиге бөлүнөт. Бирөөсү жолдо чыгып, жаман компанияга кошулуп, ууру болуп калат. Бир күнү сот соттолгондордун отургучунда отурган ал абдан жакшы көргөн, бала чактан берки досу экендигин көрөт. Анын алдында өтө чоң дилемма туруп калат. Сот катары ал мыйзамды аткарышы керек, башкача айтканда ууруга чоң көлөмдөгү штраф салуу керек. Бирок ошол эле учурда, анын досу бул штрафты төлөй албай турганын билет. Эгер штраф төлөбөсө, аны түрмөгө отургузушат. — Анан эмне болду? — сурады Шейн. — Сот өкүм чыгарат. Бирок өкүм чыккандан кийин ал өзүнүн креслосунан турат да, соттун паригин жана мантиясы чечип, отургандардын баарын таң калтыруу менен соттолуучу отурган жерге келип, өзнүн чек жазган кагазын алып чыгып, өзү сүйгөн адам үчүн штрафты төлөдү. Эми анын досу эркин эле. Эч кандай штраф жок, эч кандай соттолуу жок, эч кандай карыз жок. Эч нерсе жок. — Демек, сот — бул Ыйса, туурабы? — Ооба, ал Кудайды көрсөтөт. Эсиңе тутуп кой: сот мыйзамга байланган, анткени ал өзү мыйзамдын чагылдырылышы болгондуктан. Ал өз досунун кылмышын көрбөй кое албайт. Бирок ал досу үчүн төлөгөндү каалады. Ал сот бойдон төлөй албайт болчу. Мына ошондуктан ал бир аз убакытка, бир аз гана убакытка соттун паригин жана мантиясын чечип, ууру мене бирге соттолуучулардын ордуна барды. — Мына эми мен түшүндүм. Жанагы аятты мага кайталап койчу. Ишеним жана түбөлүк өмүр жөнүндөгү аятты. — Бул Жакандан болгон Жакшы Кабардагы үчүнчү бөлүмдүн он алтынчы аяты: «Кудай бул дүйнөнү абдан сүйгөндүктөн, Өзүнүн жалгыз Уулун берди. Кудай Аны Ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди». Мен бул сөздөрдү айтып жатканда, Шейндин бетинен ылдый жаш куюлуп жатты. — Шейн, сен ишенүүнү жана түбөлүк өмүргө ээ болууну каалайсыңбы? — деп түрткү бердим. — Сен мага окшоп кечиримге, Кудай менен болгон тынчтыкка жана кубанычка ээ болгуң келеби? — Ооба, — деп бекем айтты Шейн. — Бирок мен эмне айтууну билбейм. Мен кантип сыйынганды билбейм. — Мен дагы мурда эч качан сыйынган эмесмин, кечээ түнү — биринчи жолу, — деп ага эстеттим. — Бирок эгер сен кааласаң, муну чогуу жасай алабыз. Биринчи мен айттым, ал менин артымдан кайталады. Ал Кудайдан кечирим сурады, мурунку жашоосунан бурулуусу жөнүндөгү жана Ыйса үчүн өз жүрөгүн тазалоо жөнүндөгү каалоосун айтты. Мына ошентип өмүрүмдө биринчи жолу мен кимдир-бирөө менен бирге жана бирөө үчүн бир убакта сыйындым. Жана бул жакшы эле. Шейндин жүзүнөн жаш төгүлүп жатты. Ал менин колумдан кармап, өз эне тилинде өзү сыйынды. Мен бир да сөздү түшүнгөн жокмун, бирок анын оозунан жүрөгүнөн чыккан сураныч чыгып жатканына ишендим. Мен Шейн менен Майклдын жолугушуусун уюштуруп бердим, Майкл бизди Ыйык Китепти изилдөө боюнча окуу китептери менен камсыз кылды. Шейн англисче жакшы эле сүйлөчү, бирок биз Майкл экөөбүз ага шри-ланкалык Ыйык Китепти таап берүүнү аябай кааладык. Камакта отурсам, мен эмне кыла алмак элем? Бир гана сыйына алам! А Майкл болсо убакыт кетирген жок: ал жыйындагы ишеними бирлерден сураштыра баштады. Мына керемет, бир аял үйүнөн шри-ланкалык Ыйык Китепти тааптыр. Шейн жетине албай абдан кубанды. Бир нече жумадан кийин, көп жылдан берки баңги, толугу менен өзүнүн көз карандылыгынан бошонду. Аз эле убакыт өттү, а Майкл болсо немецче Ыйык Китеп издей баштады. Зигги — толук аты Зигфрид фон Гребер, башында ал чоң эби жок кырктар чамасындагы киши көрүнгөн, жеткен тамекичи, Берлиндин тургуну эле. Ал өз убагында фонддук биржада махинация аркылуу абдан көп мүлк топтогон, азыр болсо ак баскан чачы, таза эмес катуу муруту, футболкасынан көрүнүп жүргөн чоң курсагы менен ал эпчил махинаторго эмес, байкерге окшоп калган. Ал уятсыз, текеберденген неме эле. Ал козголоң чыгарууну каалагандыктан эле эч кимге байкатпастан администрацияга, бардык администрацияга каршы чыкчу. Ошону менен бирге эле ал ылайыкташканды билгендиктен, ашканадан кошумча тамак алып турчу. Бул жаңжалчы өз мөөнөтүн контрабанда үчүн өтөп жаткан жана өзү жөнүндө уйкалыштырган сөздөрдү токуп койчу, ал таза чындык десе да, мен өтө көп ишене берчү эмесмин. Бизде кээ-бир жалпы байланыш болгондуктан, мен түрмөгө келгенден тартып эле биз жаман эмес биригип калганбыз. Зигги, шексиз түрдө таланттуу, өзүнүн бардык убактысын жөнөкөй ширеңкенин талчасынан деңиз кемелеринин татаал моделдерин жыйначу. Биз көп учурда чогуу отуруп калчубуз, мен — сүрөт менен машыгам, ал болсо — модель жыйнап. Биздин “чыгармалар” жакшы талап менен колдонулчу, ошондуктан чылымга жана башка биздин “мейманканабыздын” шартында эшик ачык болгон кошумча тейлөөлөргө аз эле муктаж болчубуз. Ал менин Ыйса менен өзүмдү жолугушуум жөнүндө айтканымда, жөн гана менин үстүмдөн күлдү, ошондон тартып мени “насаатчы” деп атаганды мода кылып алды. Ал мени сыйлачу, бирок, бул дүйнөдөгү башка көптөгөн адамдар сыяктуу эле бузулгандыктан, динге эч кандай кызыгуусу жок эле. Мен ага эч ким келбегендигин билчүмүн, ошондой жол менен эки-үч жумадан кийин Майкл Райт менен жолугууга аны макул кылдым. Майкл менен жолугушуу ага жаккандай көрүндү, бирок ал менин досумду көзү үчүн жаман сөз айтып баштаганда, мен бул жолугушуунун артында Зиггинин кезектеги айлакерлиги жашырынып жатканын байкадым. Жолугушуу ал үчүн ашканадан келүүчүлөр үчүн берилген лимонаддын банкасын же шоколад плиткасын бекер алуунун бир жолу эле. Бир жолу мен аны менен анын камерасында кармашып калдым. Бул маанисиз талашуу болчу. Ал Майклды жемелеп, Кудайды каргай баштады. Бул мени өзүмдөн чыгарып жиберди: мен Зиггиге өтө катуу капа болдум. — Кана, айтчы мага, насаатчы, — деп кыйкырды ал оозунан көбүк чыкканча, — сенин Ыйсаң бул камеранын, ушул чочкокананын кайсы жеринде? Ага жакын келип, тишимди тиштеген бойдон мен ага жооп бердим: — Ыйса сага Майкл аркылуу келип жатат. — Ха! Ал акылсыз жылмайган, жыйындын иштери жөнүндө келжиреген, болбогон Ыйса жөнүндө толтура кагаз таштандысы бар акмак. Мен аны бул жакка сүйрөп кирип, чынында бул жерде эмне болуп жатканын көрсөтүүнү каалайт элем. Менин кайсы-бир түпкүрүмдөн чыгып келе жаткан мурдагы ачуум менин башкаруумдан чыгып бара жатканын сездим. Мен Зиггинин көйнөгүнүн жакасынан кармай калдым. — Майкл жөнүндө дагы бирдеме айтып көр, мен сенин бүт тишиңди уруп түшүрөм. — Кана, насаатчы, башта, — деп бетин тосуп, менин үстүмдөн шылдыңдай баштады. Мен соктум. Ал тишине сокку алды, ошонун айынан үстөлдүн үстүнө суналып жатып калды, бул жарым жартылай эле күч менен урулган эле. Акыркы жумада Зигги сүзрөт боюнча чоң яхтанын моделин үстүнөн баш көтөрбөй иштеп жаткан болчу. Бул сүрөттү ага түбү Испаниядан болгон Чико деген зэк берген эле. Жаңы, кооз жасалгаланган, секичеден жакын арада түшкөнгө даяр болуп калган яхта үстөлдүн үстүндө койкоюп турган болчу. Зигги үстөлгө жыгылганда, модель түшүп кетти жана миңдеген бөлүктөргө чачырап учуп кетти. Каарданган Зигги эч нерсени байкабастан мага жулунду. Бул жолу мен аны полду үстүнө сулаттым. Ал менин колумдан чыгууга аракет кылып, күрөшүп жатты жана каргыштарды төгүп жатты. Мен ага кыйкырдым: — Зигги, Зигги, токтот! Мен муну сага айтып жатам, себеби сен — менин досумсуң. Ыйса сени сүйөт жана куткаргысы келет. Ал каршыланганын уланта берди, а мен болсо ал таптакыр жумшарганга чейин өзүмдүн чакыруумду кайталай бердим. Андан кийин Зигги кыйкыра баштады: — Мен ишенгим келет, мен каалайм, бирок түрмөдө бул кыйын, мүмкүн эмес! Мен көтөрө албайм. Аны чоң денеси калчылдап баштады, ал өзүн кармай албай калды. Менин жүрөгүм зырп эте түштү. Бул түрмө. Күн сайын мен түрмөнүн күчтүүлөрдү да, алсыздарды да сындырганын көрчүмүн. Адамдар өздөрүн өздөрү өлтүрүшчү, кутулбастыктын, кайгынын жана жалгыздыктын айынан адамдар акылдан адашып калышчу. Булардын баары биздин көз алдыбызда болчу. Биз экөөбүз тең ыйладык. — Зигги, кел сыйынабыз, — деп сунуш кылдым. — Азыр, ушул жерде. Мен сен үчүн дагы башка эмне кылууну, эмне айтууну билбейм. Сен мени менен бирге сыйынасыңбы? Зигги алсыз башын ийкеди, бат эле Кудайдын катышуусу тар камеранын жакырдыгын жана начардыгын жаркыратып жиберди. Кийинки жумаларда оңолбос жана ырайымсыз таш боор кээ бир кылмышкерлер кудуреттүү Кудайдын алдында тизе бүгүштү. Күнөөнү түшүнүү таң калтырарлык түрдө жөнөкөй болуп калды. Алардын эч бири өздөрүнүн кылмыштары боюнча — акыркы күнөөкөрлөр экендиги жөнүндөгү фактыга каршы болушкан жок. Өздөрүнүн күнөөкөрдүгүн билүү өзгөчө терең болду. Көптөрү Ыйсага кечирим белеги үчүн, аларга түрмөнүн дубалынын ичинде да эркиндик берген Кудайдын ырайымы үчүн ыраазычылык айтканда, балдардай болуп ыйлашты. Майкл Райт мурда болуп көрбөгөндөй иштер менен жүктөлдү. Менин ишим болсо адамдарды кубаттап, Майкл менен болгон жолугушууга макул кылдыруу эле. Кайсы-бир убакта ал бир эле учурда он зэк менен жолугуу үчүн келип жатты, бирок ошондо да ал мага өзүнүн акылмандыгы жана Ыйык Жазууну түшүнгөндүгү боюнча үйрөткөнүн унуткан жок. Анын жыйыны биз үчүн сыйынып жатты. Валери мени менен болгон жолугушуулардын биринде, алар Кудайдын эгин талаасында жумушчулардын көп саны үчүн сыйынып жатышкандарын айтты. Көптөгөн машайакчылар бул түрмөгө кире алуусу үчүн, биздин ишенгендердин кичинекей тобу саны жагынан өсүшү үчүн жана биз бири-бирибизди дагы көбүрөөк кубаттай алышыбыз үчүн сыйынып жатышты. Бирок мен мындан коркуп кеттим. — Жок! — деп кыйкырып жибердим. — Бул жөнүндө сыйынбагыла. Темир тордун артындагы бактысыз жандар Машайакты таанып билүүсү үчүн гана сыйынгыла. Мохаммед деген мусулман менен ушундай болду. Ал чоң адам эле, анын маселеси да ошондой чоң эле. Ал грек-таксистти өлтүргөнү үчүн отурган. Анын аялы Таммам жана бир тууганы Ахмед да отурушкан. Аялдардын блогунда отурган Таммамдын боюнда бар эле. Мен Мохаммеддин имам менен бирге күн сайын, жума сайын сыйынганын көрчүмүн. Кээ бир мусулмандар сежде кылганда, өздөрүнүн чекелерин жарышчу. Бир жолу ал жыртылган жайнамазын колтугуна кысып, камерасына кайтып келе жатканда мен аны өзүмө чакырдым. — Кел, сүйлөшөлү, Мохаммед, — деп ага жылмайдым. Мохаммед жалгыз эле. Гректер аны жек көрүшчү. Ал алардын уруулаштарынын бирин өлтүргөн, ошондуктан түрмөдө ага түзүк эле көрсөтүшчү, зэктер дагы, varianos дагы. Ошол эле учурда ал өзүнүкүлөрдүн арасынан да четке кагылган, мусулмандар аны өз уруусун аялы жана бир тууганы менен кылмыш аркылуу байланышып, шерменде кылды деп эсептешчү. Түрмөдө ал эптеп тирүү калуу үчүн жашачу, ошондуктан ал баарына шектүү мамиле кылчу. Дайыма мен Мохаммедке жакындаган кезде, ал мага ишенбестик менен көздөрүн жүлжүйтүп карачу. Бирок убакыт өткөн сайын менин ага жакындоого болгон аракеттерим ийгиликке жетти. Аягында экөөбүздө достук мамиле пайда болду. Албетте, ал доско муктаж эле. Мен аны чылым менен конокточумун, сүрөт тарткан нерселерим менен бөлүшчүмүн, ошондо ал акырындап эрип, ачыла баштады. Ошол белгилүү күнү Мохаммед өзүнө дүйнөнүн кайгысынын жүгүн өзүнө жүктөп алгандай эле. Анын никотинден саргарган манжалары ал тамеки тартып жатканда титиреп жатты. — Аллах менден жүзүн бурду, Тони, — деди ал. Көзү жашка толуп калды. — Эми эмне кылууну да билбейм. — Эчтекесин калтырбай айтчы, — дедим мен, ичимден Кудайдын жетекчилиги болсун деп сыйынып жаттым. Мохаммед шыбырап сүйлөй баштады: — Аялдардын блогу жөнүндө шумдуктуудай кабарларды мага жети жатат, Тони. Мен Таммам үчүн коркуп жатам. — Эмне дегиң келип жатат? — Мен түрмө сакчыларынын аялдарды сабап, аларды зордуктагандары жөнүндө уктум. — Кекиртегине тыгылып калган кесекти араң жутуп, Мохаммед башын чайкап, терең дем алды. — Биздин балабыз жакында төрөлүшү керек. Мүмкүн, мен аны такыр көрбөй калаармын. — Убакыт келет, сен бул жерден чыгасың. Өмүр бою кесилгендик деген сен өмүрүң бүткөнчө отуруу дегендик эмес. — Мен бул жактан чыксам дагы, менин өмүрүм түккө турбайт. Таммамдын үй-бүлөсү мени менен ажырашууга мажбурлашат. Мен ага эмне деп айтууну да билбейм. — Сен аны менен жолуга аласыңбы? — Кийинки жумада, эгер chowishi уруксат берсе, жолугушуу болот. Жолугушуу отуз мүнөт болот. Анын көзүнө караганга менин кайратым жетеби, билбейм. — Мен сен үчүн сыйынам, Мохаммед. — Өзүңдүн Кудайыңа сыйын, Тони, баары жакшы болушу үчүн. — Мохаммед өзүнүн бойросун тээп койду. — Менин жакындарым да менден бурулуп кетишти. Мен чоң күнөө жасаганымды билем, бирок мен өкүнгөнмүн. Ал гректи өлтүрүү үчүн мага өтө көп акча убада кылышкан. Бул акча менен мен үй-бүлөмдү бир жыл бою бакмакмын. Иорданияда жүргөндө мен күн сайын менин ата-энем, ага-инилерим, эже-карындаштарым, жээндерим ачкадан өлбөш үчүн күч жумшап жаткандарын көрчүмүн. Мен аларга керекмин, болбосо алар баары өлүшөт. Эми мен алар менен эмне болоорун билбейм. Мохаммед жүзүн колу менен жаап алды, бир нече убакыт биз толугу менен тынчтыкта отурдук. Бир топ күндөн кийин Майкл Райтты узатып жатып, келүүчүлөр үчүн болгон залдан мусулман аялды көрдүм. Ал кош бойлуу эле. Ал аялды коштоп келген variano-аял ашканада кофе даярдап жаткан. Сырткы көрүнүшү боюнча бул мусулман аял Таммам эле. Жай болчу, баары күйгүзгөн аптаптан кыйналып жатышкан, анын ичинде varianos дагы көңүл кош жана уйкулуу эле. Мен Таммамга бат басып келдим. Ал англисче начар сүйлөйт экен, бирок биз баары бир бири-бирибизди түшүндүк. — Мен сиздин жолдошуңуз менен досмун,— дедим мен жылмая жана сөөмөйүм менен көкүрөгүмдү сайгылап. — Мохаммед — жакшы дос, ак көңүл адам. Таммам жылмайды, өзүнүн конвоиршасын тынчсыздана кароо менен. Мен ага Майклдын координаттары жазылган кагазды бердим. — Ал сизге келишин сураныңыз. Майкл сөсүз жардам берет, — дедим мен. Мен толугу менен жүз пайызга ал мени түшүндү деп ишенген жокмун, бирок башка мен эмне кыла алат элем? Ушул учурда variano бизди байкап калды, мен батыраак анын жанынан кетишимди буйруп кыйкырды. Беш күндөн кийин Майкл мага Таммам аны менен жолугушууга макул болгону жөнүндө кат жазды. Мен күткөндөй, ал ошол замат ишке киришти: Таммамга өзү келди жана кубатташ үчүн жыйындагы кыз бир туугандар менен да жолугушуу уюштуруп берди. Бир нече күндөн кийин Мохаммед менин камерама тынчы кеткен түрдө, кыжырдануу менен чуркап келди. Тер анын жүзүнөн агып жатты. — Мен Таммамдан кат алдым, — деп айтты ал. Укмуш иш! Буга чейин камактагы аялдар менен эркектер бири-бирине эч нерсе беришчү эмес. Кээде, ички короодо басып жүргөнүбүздө, дарбаза аркылуу өтүп бараткан, соттолгон аялдарды көрчүбүз, көз карашыбыз менен гана алмашчубуз. Varianos кээ бирлери гана көз жумуп койгондуктан, камактагылар бири-бирине майда-чүйдө нерселерди гана бере алышчу. — Ал сенин Ыйсаңа ишенип калгандыгы жөнүндө жазыптыр, — деди Мохаммед кайгылуу үн менен. — Сен бирдеме түшүнүп жатасыңбы? Мунун баары эмнени билдиргенин? Эгер муну менин агам Ахмед билсе, бул жөнүндө туугандар эле эмес, бүт кыштак билет. Ал бул жактан чыкканда, аны жөн эле өлтүрүп коюшат. Бул күнү Мохаммед менен сүйлөшүү абдан кыйын болду. Ал жыртып жатты, шыпырып жатты, ошону менен бирге анын жан дүйнөсүндө өзгөрүү болуп жаткандыгын мен көрдүм. Ал да Майкл менен тааныша алды. Эки-үч күн өткөн жок, Мохаммед дагы менин камерама чуркап келди. Ошондо мен биринчи жолу аны жылмайган абалда көрдүм. Ал жашаргандай көрүнүп кетти, көздөрү ички жарыктан улам жаркырап турду. Анын маселеси чечилди. Мен сыяктуу, ал дагы өзүнүн Куткаруучусун тапты. Эми, кыйынчылыкка карабастан, анда жашоонун маңызы жана жаңы үмүт пайда болду. Эми ал Кудайга ишене алат жана өз аялын Анын коргоосуна тапшыра алат. Ошондон тартып биз сыйынууда бир болуп калдык. Түрмөдө официалдуу дин болуп грек православиясы кабыл алынчу. Башка ишенимдегилерге чыдап мамиле кылышчу. Камактагылардын ичинде көбү мусулмандар эле. Бирок Ыйса Машайак аркылуу “жогорудан төрөлүү” жөнүндөгү окутууларды насааттоо жалган окутуу катары эсептелчү. Бул мени оңтойсуздандырчу эмес. Баарынан көп мен ар бир адам менен, анын ичинде varianos менен да Жакшы Кабарды бөлүшүүнү, Теңир менин жашоомдо кылгандары жөнүндө айтууну каалачумун. Биздин чогулуштарда биз этият болушубуз керек эле. Бул учурда блокто жаңы кайрылган машайакчылардын чоң тобу болуп калган, албетте, биз чогуу сыйынып, мамиле кылгыбыз келчү. Менин жалгыз адамга ылайыкталган камерамда чогулуш болгондо тар болчу, бирок биз өзүбүздү Ыйсаны айкаш жыгачка кадап, Ал тирилгенден кийин жыйналган Ыйса Машайактын шакирттерине окшош сезчүбүз. Биз алгачкы Жыйындын тарыхын изилдечүбүз, канчалык мүмкүн болсо, ошончолук биз алгачкы машайакчылардан үйрөнүп, ошол окутууда жашаганга аракет кылчубуз. Теңир Ыйса Машайактын атынан чогулуш өткөргөн сайын, биз урматтоо менен нан сындыруу расмисин өткөрчүбүз. Түрмөнүн шартында мындай кылуу бизге оңойго турчу эмес, бирок Кудай чындап биздин аракетибизге батасын берчү. Нан сындыруу осуятын аткаруу үчүн бардык нерсе дайыма табылаар эле. Биздин топтогу ар бири нандан жана кээде түшкү тамакка берген жүзүмдөн сарамжалдап калчу. Бул жүзүм баары бир жегенге болбойт эле, ошондуктан биз жүзүмдү таза байпак аркылуу сыгып алып, ачыганга чейин коюп койчубуз, ошол аркылуу жүзмдүн ширесине ээ болчубуз. Убакыт өткөндө бул шире сонун виного айланчу. Ыйса Өзү муну өндүрүүгө катышуусу да мүмкүн. Мен камерамды тегерете карадым. Кээ бир туугандар менин керебетимде отурушат, башкалары полдо чөчөйүп отурушат. Зигги менен Мохаммед көз ирмегилеп, тамашалашып жатышты. Мартин, алсыз британдык журналист, дүңкүйгөн чоң Зиггинин жанында ыңгайлуу отурганга аракет кылып жатып, андан бетер арык көрүнүп жатты. Мартин жасалма виза жасайм деп түшкөн, эч эле түрмөгө көнө албай жатат. Коргонуу максатында биринчи эле күндөн ал мага жармашып калды, бат эле Жакшы Кабар укту. Бул жерде баңги зат менен соода кылган Ливандык Хасан жана кокусунан адам өлтүрүп алган грек культуристи Андреас жана башкалар бар болчу. — А Шейн кайда? — деп сурадым мен. — Симонечи? Мен сураганча эле камерага Симоне учуп келди. Араң дем алган жана үрөйү учкан. — Алькапони Шейнди зордуктап салды, — деп айта салды ал, блокто эмне болгонун бир туугандарга айтууга шашып. Ошол замат мен аркага бурулуп, камерадан коридор боюнча Шейнге жөнөдүм. Varianos аны замбилге салып, көтөрүп баратышыптыр. Айланада башка зэктер да топтолуп калышкан, мен досума жакын болуу үчүн, аларды түртүп өтүп кеттим. Ал эси оогон абалда анда-санда гана титиреп коюп жатты, акыл-эси араң эле бүлбүлдөйт. Жыртылган шымы анын кызыл ашыгынын жанында илинип баратты, ал эми көйнөгү канга чыланган, андан полго тамып, чөөт болуп чогулуп жатат. Колдору жана буттары канталап көгөргөн жана сыйрылган, көкүрөгүнүн кесилген шумдуктуудай жарааттардан (бул албетте, устара) кан сызылып чыгып жатат. А анын жүзү ... — О, Теңирим, Кудайым, анын жүзү... — деп демим кыстыгып, ачуу менен айттым. Замбилде жаткан адамды мен мурда билген сонун жаш жигит катары араң таанууга болот болчу. Жалбырттаган ачуунун жалыны мени каптады. Мындай нерсе менде көптөгөн айлардан бери боло элек болчу, мен кайрадан мурдагы — ырайымсыз жана кыжырданган Тони болуп калдым. Мен баарына түкүрдүм. Varianos менин досум Шейнди алып бара жатканын кароо менен, мен ошондо Алькапонини быт-чытын чыгарам деп ант бердим. Кайрадан мен мага абдан тааныш болгон металлдын даамын оозумда сездим. Мен Алькапонинин канына суусап жаттым. 12-бөлүм Мен муштумум менен дубалды уруп алдым. Кургап калган дубалдын шыбагы жарылып, полго чачырап түшүп калды. Башымды буруп өз камерамды караган кезде, мени курчаган зэктердин тобу топ-топ болуп бөлүнүп калышыптыр. Мен сыйынууга күчүм жетпей тургандай ачуулуу элем, ар бир саат сайын менин кылганым эле — узун коридордо ары-бери басуу болду, муну өзүмө келип, өзүмдүн жалгыз жаткан бөлмөмдө абдан катуу талкаланган досум жана Ыйсадагы бир тууганым үчүн полго жыгылып сыйынганга чейин жасадым. Көп күн бою Кудай менен күрөштүм. Мен Ыйык Китеп окуганымды уланта бердим, бирок ачуум токтогон жок. Кудайдан Шейн үчүн өч алууга мүмкүнчүлүк беришин сурай баштадым. Мен Алькапонини өлтүрүүнү кааладым, бул тууралуу Кудайга ачык эле айттым. Мен Алькапонини кечире албайм... эч качан. Аны кутурган итти жок кылгандай, түбүнө жетмейинче тынчтана албайм. Ал эми Шейн жөнүндө, ал эми эч качан калыбына келбейт деп корктум. Мен 1990-жылдын 3-майында, өз өмүрүмдү Ыйсага арнаган кезде эркиндикке чыктым. Мурдагыдай эле темир тордун артында болсом да, мен жаңы, рухий эркиндикке ээ болдум. Бул эркиндик денелик эркиндикке салыштырганда жогору эле. Бирок менин Алькапони менен болгон кагылышуум мага бир нече күтүлбөгөн маанилүү сабакты бериши керек болчу. Бир аз убакыттан кийин, эми бул жолу коркунуч жана титирөө менен, мени өзүмө караганда да мыкты билген кудуреттүү жана бардык жерде боло алган Кудайдын алдына тизелеп келгенге туура келди. Алькапони анын артынан менин акмалап жүргөнүмдү билди. Биз экөөбүз тең бири-бирибиз менен өлүмгө чейинки болгон кармашууга туура келе турган учурду күтүп жүрдүк. Бул учур эки жумадан кийин, түрмөнүн караңгы жана ээн коридорунда келди. Никосиянын таштан курулган Борбордук түрмөсүнүн негизги имараттары осман-түрктөрү тарабынан курулган, ал мезгилде мында жашагандардын ден-соолугу, коопсуздугу жана жалпы жашоо деңгээли практикалык түрдө эч эсепке алынган эмес. Бул жерде абдан көп каралбай ташталган жана адам жашабаган орундар, үн угулгус коридорлор жана эски өткөөлдөр бар эле. Менин жүрөгүмө уялап калган азыркы караңгылыктын айынан, мени так ошол жакка тартып турду. Бул жайлардын тынчтыгына жана жийиркеничтүүлүгүнө жашынуу менен, мен ачуум менен күрөшүп жаттым, бул азгырыкты жеңгенге күчүм жок болгондуктан, Алькапонини талкалоо үчүн өч алуунун пландарын жана жолдорун түзө баштадым. Бул планда Кудайга болгон орун жок эле. Мен кайрадан мени кыйнаган жиндер менен жалгыз калдым. Күтүлбөгөн жерден шумдуктуудай уят-сыйытсыз тилдөө жана канды жүгүртө турган кыйкырык бош коридорду жаңыртып жиберди. Коюу караңгылыктан Алькапонинин сөлөкөтү көрүндү. Бирок мени капысынан басып калуу кантип ага мүмкүн болду? Бул жөнүндө ойлонуп бүтө электе эле, душмандын чеңгелинде дубалга жабыштырылган бойдон калдым, мен анын жүзүн көрө алдым... издеп жүргөн канааттанууну сезүү менен жылмайып алдым. Мына, Алькапонини жок кылуу мүмкүнчүлүгү! Мен эми Шейн үчүн өч ала алам. Эми мен эсептеше алам жана бул малдын быт-чытын чыгарам, анын денесин коюлган таштарга жайылта сүйкөй алам. Оозумда мага тааныш болгон металлдын даамы пайда болду, мен анын куйкалаган уусунан ырахаттанып жаттым. Ци энергиясын топтоо менен, мен заматта кун-фу күрөш чеберчилигинин көрсөтмөсүнө ылайык, душмандын салмагын жана денесинин абалын, эркиндик деңгээлин жана кандай гана жакка айланбасын, анын кыймылынын координациясын баалап койдум. Эсеп туура чыкты. Алькапони менин кекиртегиме устараны такады, бирок бул эч нерсеге турган жок. Мага баары бир болчу — өмүрбү же өлүмбү. Бирок эң биринчи ал өлүшү керек эле. Суроо башка нерседе болчу: ошонун алдында ага кантип көбүрөөк запкы берүү керек. Анын канынын даамын сезүүгө болгон күчтүү каалоо ээлеп алды. Мен анын жүзүнө: тишине, мурдуна, көзүнө, кулагына урууга даяр элем. Ооба, Алькапонинин оң кулагы мага баарынан жакын эле... Ыйса болсо ага: «Досум, эмне үчүн келдиң?» — деди. Ошондо жиберилген адамдар жакын келип, Аны кармап алышты. Ыйсанын жанында жүргөндөрдүн бири кылычын сууруп алып, башкы ыйык кызмат кылуучунун кулунун кулагын шылый чапты. Ошондо Ыйса ага мындай деди: «Кылычыңды кынына сал. Кылыч көтөргөндүн баары кылычтан өлөт. Же, эмне, Атамдан азыр жардам сурап ала албайт деп ойлойсуңбу? Ал Мага он эки түмөндөн көп периштени жиберер. (Мат. 26:50–53) Бүгүн эрте менен эле Ыйсаны Гетсемани багында камакка алганы жөнүндөгү Ыйык Жазуудан аңгемени окуган болчумун. Эми каарым кайнап турган чакта мен кокусунан бул окуяны эстеп кеттим. Мен инстинкт боюнча кун-фу күрөш чеберчилигинин жолу менен энергияны топтоого аракет кылып жаттым, бирок ушул көз ирмемде Ыйсанын сөздөрү Ал мага жеке айтып жаткандай, ачык эле менин башымда жаңырып жатты. “Мен жол, чындык жана өмүрмүн... Мен жолмун... Мен жолмун... Мен жолмун”. “Муну азыр жаса! Мына анын кулагы, аны тиштеп үзүп ал! Аны майып кыл!” — деп инстинкттин үнү мага токтобой айтып жатты. “Кылыч көтөргөндүн баары...” “Шейн үчүн өч ал... Сен эмне, чындап эле... муну Шейн үчүн жаса...” “...Чындык жана өмүрмүн...” Күтүлбөгөн жерден өзүм каалабай эле турган чакта мен сүйлөп жибердим. Мен өзүмдү өзүм уктум. Шумдуктуудай коркунучту жана кайгырууну сезүү жок болуп кетти. Мен сүйлөп жибердим, Алькапонинин канын сезүүгө болгон күчтүү каалоо кайдадыр учуп кетти. Мен күтпөгөн жерден тынчтанып калдым, бирок мени өлтүрүүгө аракеттенип жаткан каргыш тийгирден кем калбай, менин тилимден чыгып жаткан: — Ыйса Машайактын атынан сага буйрук кылам — мени өз жайыма кой!— деген сөздөн айраң-таң калып жаттым. Кийинки көз ирмемде мен жай дубал сыйпалап жыла баштадым, анан чыканагымды тиземе жөлөп, чөк түшүп отурдум, алаканым менен башымды кыса кармадым. Алькапони жок болуп кетти. Мен аны күтүп отурдум, бирок убакыт учуп жатты, ал болсо пайда болгон жок. Мен оңтойсуз абалда болдум жана айран-таң калдым. Акырындап мен өзүмө келе баштадым. Теңир мага кереметтүү түрдө ачылып берди. Мен Андан сурабасам да, Ал менин өмүрүмдү жана ден-соолугумду сактады. Мен ошол учурда эч нерсе жөнүндө сыйынган жокмун, бирок Теңир менин оозума менден чыккан сөздөрдү салды. Муну өз-өз ордуна коюу үчүн, мен баарын бириктирүүгө аракет кылдым. Мен өз өмүрүмдү Кудайга ишенип тапшырдым жана Анын уулу болуп калдым. Кудай менин жардам жөнүндөгү суранычыма муктаж болгон жок: Ал Өзү киришти жана менин кааломдон сырткары мени сактап калды. Мен элчилердин Кудай Уулунун күчү менен бийлигине жеке көздөрү жеткендегидей болгон окуяга таң калып жаттым. Элчилердин иштери китебинин биринчи бөлүмүндө Ыйсанын аркасынан ээрчигендер, аларга Ал буйрук кылгандай, Иерусалимде Ыйык Рухтун убадаланган күчүн күтүп отургандыгы жөнүндө айтылат. Ал жерде мындай деп айтылган: “ ...Ыйса бул сөздөрдү айткандан кийин, алардын көз алдында асманга көтөрүлүп кетти, булут Аны алардын көз алдынан алып кетти. Алар асманга көтөрүлүп бара жаткан Ыйсаны карап турушканда, күтүлбөгөн жерден алардын алдына ак кийим кийген эки адам пайда болуп мындай дешти...” Менин үстүмдө капкараңгы коридордун боштугунда мени бардык тарабымдан кучактай Кудай кучагын жайды, мага ошол учурда периштелерди да көрө тургандай сезилип кетти. Кудуреттүү Кудайдын күчүнүн алдында болуу менен, мен жайбаракат негизги блокко кайтып келдим. Бул күч сезе тургандай эле. Мен болгон нерсеге таң калып жаттым. Алькапони өзүнүн эне тили болгон грек тилинде араң сүйлөп, англисче түк түшүнбөсө да, мен бул варвар менен англисче сүйлөшкөнүмдү так билем! Өз камерема жетип, терезенин торундагы айкаш жыгачка көзүмдү кададым. “Мен жол, чындык жана өмүрмүн...” Мен кайра-кайра бул сөздөрдү кайталап, менин өмүрүмдү ци энергиясы жана күрөш чеберчилиги сактап калбаганын түшүнүп жаттым. Бул Ыйса жана Кудай тарабынан мага берилген ишеним мени ачык эле коопсуздуктан коргоп калды. Мына ушундай кылып Теңир мага ишенимдин биринчи сабагын берди, ал ушунчалык ачык болгондуктан, мен аны өмүр бою эстеп калдым. Эми мен жарык болуу жолун — кун-фу күрөш чеберчилигинин жолун толугу менен калтырып, бүт бойдон Кудайдын жетегине ишенүүгө убакыт келгенин түшүндүм. Көп жылдар бою бул учурду мен өмүрүмдөгү бурулуш пунктундай эстеп жүрдүм. Көп учурда адамдардын: “Сыйынуу жардам берет”, — дегендерин угабыз, мен буга каршымын. Сыйынуу эмес, а Кудай жардам берет. Марк жазган Жакшы Кабардын он биринчи бөлүмүндө Ыйса чыныгы сыйынуунун сырын төмөнкүдөй ачып берет: “Кудайга ишенгиле. Силерге чындыкты айтып коеюн, ким бул тоого: “Ордуңан көтөрүлүп, деңизге түш”, — десе жана ичинен шектенбей, айткан сөзү аткарыларына ишенсе, айтканындай болот. Ошондуктан силерге айтып коеюн, Кудайдан эмнени сурасаңар да, аларыңарга ишенгиле, ошондо силерге берилет.” Алькапони менен болгон кагылышууда мен өзүмө гана таянганмын. Мен аны өзүмдүн ыкмам менен, даярдыгым менен талкалай алмакмын, бирок Кудай менин Анын артынан ээрчүмдү артык көрдү. Кооптуу учурда, менин душманым менен болгон күрөш тутанган учурда, Ал мага өзүмдүн алсыз “менимди” таштап, бир гана Ага таянганга күч берди. Мына ошондо мен өзүмдүн кытайлык туугандарыма Машайактын аркасынан ээрчийм деген чечимимди айтууга убакыт келгенин түшүндүм. Мен өз сөздөрүмдүн олуттуулугуна толук баа берүү менен Лоусиге кат жаздым. Күрөш чеберчилигин калтыруу менен, мен таятам менен болгон келишимди буздум, ата-бабаларымдан калган мурасты четке кактым жана кун-фунун байыркы жолун сактоого берген ыйык антымды буздум. Мен Лоуси баарын түшүнөт жана эч кандай түшүндүрмөнү талап кылбайт, болгону ага өзүмдүн жаңы, куткаруучу ишенимим жөнүндө айтсам эле болду деп ойлодум. Бирок жүрөгүмдүн кандайдыр-бир терең жеринде мунун артынан эмне боло турганын түшүнүп жаттым. Балким, менин башым үчүн сыйлык коюп жана мени жок кылганга чейин артымдан түшүшөт. Муну мен мурун эле билчүмүн. Байыркы салттын рухунда тарбияланган, жарык болуу жолунда үгүттөлгөн, бирок байыркы мурасты четке кагып же анын баштапкы максатын бузган ар бир адам сөзсүз түрдө жоопко тартылат. Менин уруум мени кайрадан ишендирүү үчүн, менин жаңы ишенимимден баш тартууга мажбурлап, алардан кечирим сурашым үчүн кенен үй-бүлөлүк кеңешке чогулушарын билчүмүн. Андан кийин жеке күрөштө өз деңгээлимди жана кадыр-баркымды далилдешим үчүн мага спарринг-шерикти жөнөтүшөт. Жекеме-жеке күрөшүүдөн баш тарта турган болсом, менин артыман түшүшөт жана мени моюн сунууга мажбурлашат, мүмкүн өзүмдүн өмүрүм менен төлөп калаттырмын. Жооп катты бир нече жума күткөнгө туура келди. Аны менин таэжемдин кызы болгон Си Куон жазыптыр. Анын үнү муздай жана кескин түрдө эле. Ал биздин таятабыз өлгөнүн жазыптыр. Ал токсон бешке чыгыптыр. Андан кийин Си Куон менин өлүктү көмүү үрп-адатына катышпай, биздин ата-бабаларыбызга тийиштүү сыйды бербегендигим аркылуу байыркы Су уруусуна алып келген маскаралык жөнүндө айтыптыр. Анан ал уруунун атынан менин машайактык ишенимимден баш тартып, ата-бабалардын баалуу мурасына кайтып келүүмдү талап кылыптыр. Анткени Чжэн Лин Су уруусунун улантуучусу катары, жалгыз мен гана биздин үй-бүлөнүн кадыр-баркын сактай алышым мүмкүн. Каттын аягында, мен ойлогондой, макул болбогон учурда менин кантип сазайымды бере тургандыгы жөнүндө сөздөр айтылган. Лоусинин өлүмү жөнүндөгү кабар менин үрөйүмдү учурду. Мен эмне жөнүндө ойлонушту да билген жокмун. Өз өмүрүмдүн көп бөлүгүндө мен таятамды жек көрчүмүн, ошондой болсо да бир гана ал менин жаныма абдан зор из калтырды. Бир гана ал мени өз алдынча болууга тарбиялады. Эми мен анын өлүмү менен бирге кандайдыр-бир нерсе менден түбөлүккө кеткенин түшүнүп турдум. Андан сырткары кытайлык туугандарымдын талап кылгандарын четке кагуу менен, мен түбөлүккө алар менен болгон байланыштан кол жуудум. Чындыгында булардын баарынын артында эмне турган? Мага дайыма элеңдеп, эки жакты карап жашоого туура келеби? Мени менен эсептешип, өч алуу үчүн менин туугандарым, балким, “Триададан” бандиттерди жалдайт болушу керек. Бул бир жагынан. Экинчи жагынан, менин жаңы жашоом, менин ишенимим жана Кудайдын колдоосу Лоусинин мага үйрөткөнүнө караганда бир кыйла реалдуу жана маанилүү эле. Өкчөмө таш ыргытылды, көпүрөлөр өрттөлдү, аркага жол жок! Өз оюмда таятамдын жүзүн элестетип, аны менен бирге өткөргөн мыкты убакыттарды жана акыркы жылдарда менин ага карата болгон сыйлоо сезимдеримди элестетүүгө аракет кылдым. Бирок менин жүрөгүмдү чымыраткан эч нерсе болгон жок. Алькапонинин менден качып кеткендиги, менин кун-фу күрөш чеберчилигимден баш тарткандыгым жөнүндөгү сөз тез эле биздин блокко учуп жетти. Кээ бир маньяктар бул нерсени колдонууга аракет кылып көрүштү, бирок Кудай мени ар убак кереметтүү жолдор менен сактады. Ошол эле учурда, мен бир кыйла көбүрөөк же азыраак туура ой жүгүрткөн зэктерге жакшы көрүнүп калдым. Балким, жөн гана көрүнө тургандай эмес, кызыктыра тургандай, менин мүнөзүмдө өзгөрүүлөр болду. Бир нече жыл мурун чикаголук гезиттерде бир жаш баланы кытайлык ресторандан беш жүз долларды майдалап келүү үчүн банкка жөнөткөнү тууралуу басылып чыккан болчу. Ресторанга эки жүз элүү доллар тыйындар менен, а калганы болсо бир долларлык купюралар керек эле. Кассир аял беш жүз долларды алып, эки жүз элүү долларды тыйындар менен жана жыйырма беш миң доллар купюра менен адашып берип салат. Жөнөтүлгөн бала муну байкап калат да, бирок бул күтүлбөгөн киреше жөнүндө эч кимге айтпайт. Бүтүндөй байлыкка ээ болуу менен ал банктан чыгат, анан туугандарынын биринин үйүнө акчаны жашырып коет. Андан кийин жаман эмес иш кылдым деген ой менен ресторанга кайтып келет. Кассада акча жетпей калганын байкаган кассир аял эки жүз элүү жүз долларды санап берген адамдын сырткы көрүнүшүн эстей албайт. Бирок, ал адамдан жыт үч чакырым алыстан уруп турганын эстейт! Ал жыты боюнча, бул киши кытайлык ресторанда иштегенин табат. Ал жөн гана бул жытты эстебестен, ал жаш жигит иштеген ресторан менен байланыштырат. Полицияга кайрылуу менен, кассир аял бул ресторандын кайда жайгашкандыгын аныктайт жана жөнөтүлгөн адамды тааныйт. Ошол замат ал жигит менен эсептешип, а акчаны болсо мыйзам боюнча кожоюнуна кайтарып беришет. Мен бул окуяны Ыйык Китепти окуп, Машайактын артынан ээрчүү деген эмнени билдире тургандыгы жөнүндө ой жүгүртүп жатып эстедим. Элчи Пабыл мындай деп жазат: “ Анткени Кудай үчүн биз куткарыла тургандардын арасында да, өлүмгө бара жаткандардын арасында да Машайактын жагымдуу жытыбыз...” (2 Кор. 2:15). Элчи айткан жагымдуу жыт, мурдубуз менен сезе турган жыт эмес. Бул жагымдуу жытты биз менен күн бою мындай же тигиндей болуп жолуккан ар бир жан алтынчы сезими менен сезе алат. Жалпысынан алганда, жыт — ишмердүүлүктүн кошумча продуктусу. Кун-фу күрөш чеберчилигине үйрөнүү мезгилинде мен көл-шал болуп тердегендиктен, тер жыттанып турчумун. Сарымсакты сүйгөн адам сарымсак жыттанат. Эгер силер атыр колдонгонду жакшы көрсөңөр, анда айланадагылар силердин сүйүктүү жытыңарды сезе алышат. Так ошондой эле, эгер сен Ыйсага кызмат кылсаң жана муну сүйүүнүн, моюн сунуунун рухунда жасай турган болсоң, сен Машайактай жыттанасың. Мен күн сайын жаңы соттолгондор менен, ошондой эле varianos тобуна киргендер менен да мамилештим. Көпчүлүгү мага өздөрүнүн суроолору жана кайгылары менен келишчү. Кимдир-бирөө жашоонун арабасынын алдында калгандыктан баңги болуп кеткен, бирөө болсо жан кейиткен үй-бүлөлүк көйгөйдүн жана чыга албаган жолдун айынан талкаланган. Мындай адамдарга жардам берүү үчүн мен акылмандуулукка үйрөнүп баштадым. Мунун өзү эле керемет болчу. Кээ бирлери менен бирге сыйынып, Кудай Ыйык Жазуу аркылуу биздин ар бирибиз менен кантип сүйлөшө тургандыгын түшүндүрүү менен чогуу окучумун. Ар бир жаңы келген адамды Майкл Райт менен жолугушууга ынандырганымды токтоткон жокмун, анткени мен өз убагында ал мага жардам бергендей, баарына жардам бере ала турганына толук ишенчүмүн. Бир жолу мен Майклдан жаман кабар жазылган кат алдым. Ушул убакыттан тартып, түрмөнүн администрациясынын расмий эскертүүсү менен, ага камакка алынгандар менен кандай гана жолугушуу болбосун тыюу салыныптыр. Ошол учурда Майкл эркектердин блогундагы он чакты fylakismenos менен регулярдуу түрдө көрүшүп турган, ал эми анын жыйынынын мүчөлөрү аялдардын блогуна барышчу. Майкл биздин маяк, жашообуздун жолу болуп калды. Анын катында бизди бекем болууга шыктандырганы менен, өзү аябай капа болгону көрүнүп турду. Ал: “Сыйынууну калтырбагыла, ар бир конкреттүү абал аркылуу Кудай эмне дегиси келип жатканын түшүнүүгө аракет кылгыла. Эгер Анын эрки болсо, мен кайрадан силер менен иштешүүгө уруксат берилсин деп сыйынгыла”, — деп жазыптыр. Мен Майклдын бизге жардам берүү менен, бул жумушка өзүн толук арнаганын билчүмүн. Ар бир жолугушуу туман каптаган Альбиондун жашоочусу болгон ал үчүн көнбөгөн ысыкта эки саттык азаптуу жолдо жүргөнгө туура келчү. Кайра кайткан кезде Майкл бир нече жолу машинадан чыгып, бир аз эс алып алуу үчүн жол боюна токточу. Ар бир жолугушуудан кийин, ал азыр эле жолугушкан камактагы адамдын жашоодогу оор түйшүгүнүн айынан бүктөлүп, бүкүрөйгөн бойдон кетчү. Ошого карабасатан, Майкл Кудайда бекемделүү менен өз кызматынан чегинген жок. Мен өз өмүрүм менен Майклга карыз болчумун. Эгер аны менен жолугушпаган болсом, мен Ыйса Машайак жөнүндөгү Жакшы Кабарды укмак эмесмин. Катты окуур замат, мен ошол замат машайакчылардын тобун жыйнадым. Биз нан сындырып, Ыйсага Анын курмандыгы үчүн ыраазычылык айттык, андан кийин тизелеп отуруп Кудайдан Майклды биздин түрмөдө кызмат кылганга кайтып келүүсүн сыйынып сурандык. Ошол сыйынуудан жана менин администрацияга chowishi менен көрүшүү үчүн уруксат сурап кайрылганымдан эки күн өткөн соң, мени Майкл менен жолугушуу жөнүндө сүйлөшүүгө чакырышты. — Мага сен жөнүндө жалаң гана жакшы нерселерди айтып жатышат, Тони, — деди chowishi. Бардык varianos мага кантип Тони Энтонинин өзгөрүлгөндүгү жөнүндө бышыктап айтып жатышат. — Ооба, мен эми машайакчымын. — Башкача айтканда “жогорудан төрөлгөн” — силерде ушинтип аталабы? — деп chowishi колун жаңсоо менен жылмайды. — Так ошондой,— деп мен жооп бердим. Мен ага көп нерсени айтууну кааладым, бирок ал мени менен мышык-чычкан ойноп жатты. Мен анын мени торго түшүргөнгө аракет кылып жатканын эң сонун түшүнүп турдум. — Урматтуу башкаруучу, — грек тилинде сүйлөп, мен тобокелге салдым, — Майкл Райт менен жолугушуу кесилгендердин көбүнө жардам берет. Сhowishi жүз аарчысы менен чекесин сүртүп, мени уланта бер деп ишарат кылды. — Мен сизге varianos Б блогунда кандай тынчтык болуп калганы жөнүндө жеткиришти деп ишенем. Кесилгендер сизге эми эч кандай жагымсыз иштерди жасашпайт. Катаалдык жана зордук кылуулардын саны азайды. — Ооба, бул ушундай. Бул жөнүндө мага дайыма баяндап берип жатышат... — Анда сизден өтүнөм, Майклга камактагылар менен жолугушууга уруксат бериңизчи,— дедим мен, ичимден Кудайга chowishiнин жүрөгүн жумшартуусун суранып сыйынуу менен. Эки жумадан кийин Майкл кайрадан fylakiге кирүүгө уруксат алды. Биз баарыбыз биздин сыйынуубузга ырайым кылуу менен жооп бергени үчүн Кудайга ыраазычылык келтирдик. Майклга камактагылар менен жолугушууга келүүгө уруксат бергенден сырткары, ал Ыйык Китептик сабактарды өткөрүшү үчүн түрмөнүн китепканасына киргенге да өзгөчө мүмкүндүк алды. Бул сабактарга Ричард Нокска дагы музыкалык аспабы менен кирүүгө уруксат берилди, анын ойногону биздин гимндерди жана даңктоолорубузду коштоп турду. Бул мен үчүн эч качан эстен кеткис жолугушуулар болду. Бирок бул жолугушуулардын баасы жогору эле. Менин үч жылдык мөөнөтүмдүн эки жарым жылы өтүп кетти. Бардыгы мына-мына мени амнистия менен бошотот деп ойлоп жатышкан. Мен кайрадан chowishiнин алдында турдум. Анын жүзүндө тааныш жылмаюу бар эле. — Мага мурдагыдай эле сен жөнүндө жалаң гана жакшы сөздөрдү жеткирип жатышат, Тони. Камактагылар силердин тигил Майкл Райтыңар менен жолугуша алышат. — Ооба, урматтуу башкаруучу, сизге ыраазымын. — Кызык, эмне үчүн ал менин боштондукка чыгуум жөнүндө эмес, ушул нерсе жөнүндө сөз козгоду экен? — Урматтуу башчы, — деп мен тобокелге салдым, — менин амнистиям жөнүндө сот деги качан боло тургандыгы жөнүндө ойлонуп жатам. Кантип эле мен амнистияга илингендердин тизмегине түшпөй калдым? Сhowishi митайым күлдү. — Эми, сен менин сага кандай жакшы мамиле кылганымды билесиң, мына силердин насаатчыңарды киргизип жатам, бирок... — Ушул жерден chowishiнин сөзү үзүлүп калды, ал менден ыраазычылык сөздөрүн күткөндөй абада илинип калды. Бирок мен үн катпай аны карап тура бердим. — Бирок, сен өзүң билесиң, бийликтегилердин сага болгон мамилеси өтө өзгөчө. — Урматтуу башчы? — Бул баары сенин ЫйыкКитептик сабактарың... Сен жалган окутууну насааттап жатасың, мына ошондуктан сени амнистияга кабыл алышкан жок. Үч жылдык мөөнөттү аягына чейин өтөйсүң. Албетте, мага өкүнүчтүү болду, бирок таң калтырарлык эмес эле. Майкл мага грек православиялык жыйын тарабынан боло турган коркутууну эскерткен болчу, алардын fylakiнин ичиндеги позициясы жетиштүү түрдө бекем эле. Бирок мен капа болбошум керек — бул машайакчыга тийиштүү касиет эмес. Түрмө Теңир айткандай “бышып калган эгин талаасынын” бири, бул жердеги кызматтын аягы бүтпөйт, Майклга да кез келгенде кирүүгө уруксат бербей коюшу мүмкүн. Ар бир күнү эрте менен таң заардагы тынч убакта мен Кудай менен сүйлөшүп жаттым. Мен көптөгөн камактагылар үчүн, алардын аттарын атап, аки-чүкүсүнө чейин сыйындым. Кээ бир сыйынууларга Теңир күттүрбөстөн жооп берчү, бирок менин жүрөгүм күндөн күнгө көбүрөөк болушун самап жатты. Жүздөгөн камактагылар куткарылууга муктаж эле. Күн өткөн сайын, кадыресе адамдарды киши өлтүргүчкө, зордукчулга жана маньякка айлантып жаткан терең жандык жарааттар, азап чегүүлөр жөнүндө ой жүгүртүү менен, мен жүрөк кармай калгандын алдындагыдай, көөдөнүмдө ооруну сезип жаттым. Бул жерде, Никосиянын Борбордук түрмөсүндө, ыпыластыктын, ызы-чуунун, сасыган жыттын жана адамдык кемчиликтердин арасында чындыгында күнөөнүн айынан аябай кыйналган, аргасы түгөнгөн адамдар кармалып турчу. Түрмөнүн ичинде бир кыйла жөндөмдүү жана адистештирилген кээ бир камактагылар иштеген жыгач устакана жана типографиялык цех бар болчу. Биздин арабызда бекер жүргөндөр жок эле, баарына иш табылчу. Мага көбүнчө тазалоо иштери жана тамак таратуу иши тапшырылчу. Бизде бир Газанта деген араб бар эле, ал жыгач устаканада өзүнүн кол өнөрчүлүгү менен алектенчү. — А, Тони, досум! Кел, отур, — деп кулагына жеткире жылмайа, ал мени менен саламдашты. — Сенин сакал-мурутуңду мурдагыдай эле алайынбы? — Ооба, досум, бүгүн мен эр жүрөкмүн, бирок сен баары бир устараң кайсы жакта болсо, ошол жакты кара. — Эми, сен билесиң да, бүт Никосияда сенин сакал-мурутуңду менден артык кылып эч ким ала албайт. Биз күлүп, сүйлөшүп жаттык, Газанта ишке кришти. Кичинекей сынган күзгүдөн мен циркулярдык араа менен иштеп жаткан зэктерди көрүп отурдум. Абдан ызы-чуу эле: станоктор иштеп жатты, адамдар ары-бери өтүп, ырдап жатышты. Менин көңүлүм Кириакос деп аталган бою кодогой грекке бурулду. Ал циркулярканын жанында үн-сөзсүз турду. Бир нече убакыт мен аны байкап турдум. Ал арбалган сыяктуу айланып жаткан дискти карап, жөн гана турду. Анын айланасындагылардын баары бош эмес болчу жана эч нерсени көрүшкөн жок. Газанта көп сүйлөгөнүн улантып жатты, бирок мен күтүүсүздөн абдан тынчсыздана баштадым. Мен өз көзүмдү Кириакостон башка жакка ала албадым. Мына, мен анын кантип колун абдан тездик менен айланып жаткан дискке жайбаракат алып келип, кантип араа анын манжаларын биринин артынан бирин кесип жатканын көрдүм. Манжалары полго түшүп жатты. Кириакос эч кандай үн чыгарган жок, болгону диртилдеп жатты. Мен креслодон ыргып туруп, ага учуп келдим. Менин күтүлбөгөн кыймылымды көрүп, калган жумушчулар да өз иштерин ташташты. Болгон окуяны көргөн гректер жана арабдар корккондуктан кыйкырып, өз кийимдерин тытып башташты. Кириакос колун көтөргөн бойдон, катып калгандай ордунда туруп калды. Кандын тамчыларын аралаштыруу менен циркулярдык араа мурдагыдай эле айланып жатты. Ызы-чуу. Баш аламандык. Дүрбөлөң. Эмне кылуу керектигин эч ким билген жок. Кириакостун жаагынан ылдый жаш тамчылап жатты, ал онтоп жатты, анын буттары алсырады, ал таш полго отура баштады. Жыгач устаканада болгон chowishi аны кармаганга үлгүрдү жана жардамга чакырды. Ошондой будуң-чаңда мен Кириакостун манжаларын табууга аракет кылып, кан толуп калган жыгач таарындылардын арасын карай баштадым. Жаңжал үрөй учуруучу десе болот. Fylaki ар бир адамды акылдан айнытышы мүмкүн. Кириакоско аялың көзүңө чөп салып жүрөт деп айтышыптыр. Мындан сырткары, жакында эле аны кээ бир артыкчылыктардан кур жалак калтырышкан болчу, башкача айтканда сыр менен кагазын тартып алышкан. Мунун баары анын азап чегүүсүнүн чөйчөгүн ашыгы мене толтуруптур. Мындай атайылап өзүн майып кылган, үрөйдү учурган окуялар түрмөдө жетиштүү түрдө көп болчу. Жалпысынан алганда түрмөдөгү кордуктар, зордуктар — боло турган көрүнүш, бирок мен мурда эч кандай маани бербеген кан төгүүлөргө жана жүрөктүн үшүн алган окуяларга тоюп кеттим. Fylaki — бул дайыма боло турган сезимдик чыңалуунун очогу, ок-дары салынган чоң жыгач челек. Таарыныч оңой эле бикфорд шнурунун кызматын аткарып коет, сен бирдемени түшүнгөнчө эле, блокто жарылуу болду — мушташ башталды. Мындай учурда мен жөн гана өз камерамда жашынып калчумун. Кээде менин жанымды кашайткан камактагыларга секирген учурларым болчу. Бардык зэктер ушундай кылышат. Алар үчүн мушташуу чыңалуудан бошото турган каражат болуп калат. Мындай кагылышуулар кан төгүүсүз өтпөйт эле, мен эмне кылышым керектиги тууралуу, тагыраак айтканда түрмөдөгү чыр-чатакты чечмелөөгө аралашпоо тууралуу өзүмө жооп берчүмүн. 1992-жылдын жайы чыдай алгыс ысык болду, ушул да камактагылардын капсалаңдуу көңүлүн күчөттү. Адамдар себепсиз эле кыжырданышып, майда-чүйдө нерсе үчүн эле тынсызданып жатышты, көпчүлүгү чыдамсыздык менен жарылууну, ошону менен бирге палестиналыктар менен гректердин ортосунда боло турган зор кагылышууну күтүп жатышты. Ал эми бул нерсе болгон учурда көптөгөн курмандык болду. Мындан кийин кас болгон фракциялар адат боюнча бири-биринен изоляцияланышты. Мен бир жолу өзүмдүн палестиналык досторумдан кабар алайын деп жалгыздан отурган камераларга жөнөдүм. — Тергөө башталды, — деп шыбырады Иэн Дэвидсон, мен ага Lamarina менен келген учурда. — Ошол күнү түрмөдө “адилдер” күзөттө экен, алар бизди жакшы билгендиктен, болбогон нерсе үчүн тынчсыздандырбаптыр. — Эмне болду? — деп сурадым мен. — Гректердин бирөөсүн өлтүрүп кое жаздашыптыр. Өлө тургандай жарадар болуптур, адам болбойт деп айтып жатышат. — Аа, ушундайбы. Бирок эмнеге ушунча ызы-чуу, бул биринчи жолу эмес го? — Ал жигит көрүнүктүү адам экен эле. Биз ойлогондой, кандайдыр-бир саясатчыбы. Мен Иэнге шектүү жыттанган сууга бышырылган жумуртканы жана эскирип калган помидор салынган тарелканы сундум. — Эми, сенин оюң боюнча, бул чириген нерсени биз дагы канчага чейин жейбиз, Тони? — жылмайды Иэн. — Мен сиздин паштет менен сырага берген заказыңды өткөрүп берем, ошондуктан, эртең бар болсо аласыз, — деп аны чымчылай сүйлөдүм. — Сен бул жерде репортерлордун болгонун уктуңбу? — Анан? — Өздөрүн ак сөөктөрдөй көрсөткүсү келиптир, бирок бирдемеси аягына чейин ынандырарлыктай эмес. — Мейли эми. Сырттагылар бизди эсинен чыгарбаганы жаманбы? — Жалпысынан — ооба, бирок бул учурда — жок демекмин. Биз жөнүндө таптакыр унутуп калышса зор болмок. Биздин ысымдарыбыздын дагы гезит беттерине чыгуусунун кереги жок. — Бирок аларга интервью берүүнү каалаган эч ким табылган жокпу? — Бир келжиреп сүйлөгөн бирөө табылыптыр деген сөз бар. Биз анын ким экенин билсек барбы.... Variano биз тарапка багыт алды. — Мейли, убакыт бүттү, — дедим мен Lamarinaны буруп жатып. — Жашай бер. — Паштет менен Жон Смиттен болгон сыра баарынан мыкты экендиги эсиңде болсун! — деп көзүн кысты Иэн. Бир нече күндөн кийин мен Иэндин соратниги болгон Адли менен шыбырашып сүйлөштүм. Адли палестиналыктардын башчыларынын бири эле. Өз убагында Ясир Арафаттын өзүнүн жан сакчыларынын катарына кирген жана Палестинаны эркиндикке чыгаруучу Уюмунда кадырлуу адам болгон. Мен бул адам менен байланышуу коркунучтуу экенин билсем да, этияттык менен мамиле кыла баштадым. Мен ага тамак салып берип жатканда, Адли кагаздын айрыгына бир нерсени жазды. Тор аркылуу кагазды берип, ал мага тигилип карады. — Мына ушул, Тони, — деди ал мага карап. — Эмне? — Сөз ташуучу. Дагы палестиналык, — деп түкүрүндү Адли. — Кантип палестиналык? — Мына ушинтип...— Адли шыбырап сүйлөй баштады. — Бирок биздин топтон эмес. — Ал сөөмөйүн чыкыйынын жанынан айландырды, сөз ташуучунун акылы жетишпейт жана Никосиянын Борбордук түрмөсүндө мөөнөтүн өткөрүү үчүн Палестинаны эркиндикке чыгаруучу Уюмундагы кадырлуу адамдардын катарына кире албайт. — Аны баары жек көрүшөт, Тони. Биз аны өз ордуна коюшубуз керек, түшүнүп жатасыңбы. — Адли, сен эң сонун билесиң, мен... — Токтот, Тони, — ал мени токтотту. — Биз жакшы мамилелеш адамдарбыз го. Бул жерде отургандыктан, биздин колу-бутубуз байланган! А ага болсо олуттуу сабак бериш керек... Бактыга жараша, varianos менин тамакты батыраак таратууга буйрук кылышты. Мен катты чөнтөгүмө салып, Адлини карабастан, Lamarinaны ашканага айдап жөнөдүм. Каттагы ысымга караган да жокмун. Ал кагаздын айрындысын отко ыргыттым. Мага аны менен чечишүүнүн эч кандай пайдасы жок эле. Бирок көптөгөн башкалар так ушуну билгиси келген нерсени мен билгенге мүмкүнчүлүк бар болчу! Бир нече күндөн кийин мен ички короодо басып жүрдүм. Аба таза болчу. Бул азапка салган ысыктын бир нече айынан кийинки жагымдуу өзгөрүү эле. Менин жанымдан эки палестиналык — Хусейн менен Юсеф өтүп баратышты. Алар мени менен саламдашты. Мен күлүмсүрөп, ойлонгон бойдон, айланып басканымды уланттым. Кайрадан аларды көздөй баратканда мен турган жеримде катып калдым. Ал эмне кылып жатат? Алардын ичинен жашыраагы жанындагысынын чачынан кармап, отургучка чалкасынан түрттү. Андан кийин анын алдына туруп, анын бетине жабышты. Мен анын колунда устара бар экенин түшүндүм. Кандайдыр-бир заматка мен селейип калдым. Мына ошондо ал — Хусейн байкуш Юсефтин бетин эт туурагандай кылып кескилей баштады. Тиги болсо жан талаша тыбырчылай, кыркырап жатты, экөө тең канга боелду. — Токто! Токтот! — мен кыйкырып, алар тарапка чуркадым, бирок мен келгенде Хусейндин изи да калган жок. Юсеф акылын жоготуп, отургучта жатты. Анын жүзү кандуу аталаны элестетип турду. Мен Юсефти жерге жаткырдым, мына ошондо ал дем албай калганын түшүндүм. Ошол учурда мен биринчи жардам көрсөтүү жөнүндөгү сабактарды эстеп баштадым. Юсефтин жүзү ушунчалык жаман болуп калгандыктан, мен анын оозун араң таптым. Анын башын чалкалатып, мурдун кымчый кармап, мен сыйынуумду токтотпой, анын оозуна аба үйлөп баштадым: — Кудайым, Сенден суранам, аны жандандыр! Түрмөдөгүлөрдүн бул окуя болгон жерге кантип чуркап келип жатканы угулуп жатты. Юсеф селт этти, анын оозунан кан мени көздөй атып чыга баштады. — Токтогула, — дедим мен мага жардамга шашылган varianosго, анан ал какап-чакап калбасын деп, палестиналыкты капталдата жаткырдым. Бир-эки мүнөттөн кийин санитарлар пайда болду. Ушул учурда мен титиреп баштадым. Мен адамдын жанын сактап калдым, бирок ал мындан кийин оңолуп кетеби ким билет. Мен ушундай таш боордук менен кордоолордун арасында Кудай кантип жаңы кайрылган машайакчыларды сактай турганын ачык так түшүнө баштадым. Биздин ар бирибизди кайсы учур болбосун Юсефке окшотуп устара менен кесип кетишмек; акылынан адашкандар эч себепсиз эле кайнап турган майга күйгүзүп же бетиңе кайнаган сууну чачып жиберишмек. Fylakiде Кудайга таянуу жеңил! Бизде Анын жетелөөсүнө жана коргоосуна шектенүүгө эч кандай негиз жок эле. Ошондой эле менин боштондукка чыга турган күнүм жакындап калды. Өз мөөнөтүмдү толугу менен өтөө Теңирдин мага даярдаган жолу экендигин мен түшүндүм. Анын Тони Энтони үчүн Өз ою болгон. Жүрөгүмдүн түпкүрүндө мен өзүмдүн өткөн жашоом менен биротоло коштошуум керектигин билчүмүн. Кудай менин бардык эски байланыштарымдан баш тартып, толугу менен Андан көз каранды болгон жаңы жашоону башташым үчүн, бардык нерседе Ага таянышымды буйруду. Тез арада эле Кудай мага көптөгөн күтүлбөгөн жерден пайда болгон тоскоолдуктарды жеңип өтүүдө жардам берүү менен Өзүнүн камкордугун көрсөттү. Мага паспортумдун мөөнөтү өтүп кеткендиктен, аны узартуу үчүн акча керек эле. Камактагылардын көпчүлүгү өз мекендерине кайтып кетүү үчүн жетиштүү акчалары жок болгондуктан, боштондукка чыккандан кийин мурдагыдай эле fylakiде калып калышчу. Майкл Райт жана Ричард Нокс Никосиянын Борбордук түрмөсүнө акыркы жолу мени менен жолугушуу үчүн келишти. — Кийинки жолу биз сени менен темир тордун башка тарабында жолугушабыз, Тони, — деп жылмайды Майкл. — Биз британдык элчилик менен байланыштык жана сага жаңы паспорт заказ бердик, — деди Ричард. — Андан сырткары, мен түрмөнүн канцеляриясына сенин атыңа жазылган авиабилетти калтырдым. Шаршембиде сага эки документти тең беришет. Мен ыраазычылыгымды билдиргенге сөз таппай калдым. Биз бир нече убакыт тыптынч отурдук. Майкл адаттагысындай эле жылмайып жатты, кубанычтан жүзү жаркылдап турду. — Кудай сен үчүн кам көрөт, Тони, — деди ал. Мен өзүм келечекте мени эмне күтүп турганын такыр түшүнбөсөм да макул боло баш ийкедим. — Мен бул жактан досум Кор Брейнс менен байланыштым, — деп айтты Ричард. — Ал экөөбүз бир убакта Ливанда миссионердик кылганбыз. Мурун да мен Ричарддан бул голливуддук бир тууган жана анын үй-бүлөсү жөнүндө уккан элем. — Кор Брейнстин кызы Кэролайн сен Англияга келгениңде, сени кабыл алууга даяр экендигин айтты. Ричард чөнтөгүнөн кичинекей конверт алып чыкты. Анда Брейнстердин үй-бүлөлүк сүрөтү бар экен. Баары жылмайып түшүшүптүр. — Мына бул Кэролайн күйөөсү менен, анын аты Жон, — деп көрсөттү Ричард. — А булар алардын балдары: эки жашар Анна жана ымыркай Жошуа. Бул адамдардын үй-бүлөлүк мамилесиндеги тазалыкты жана сулуулукту көрүү менен мен өзүмдү абдан жалгыз сезип кеттим. Ричард Брейнстер жөнүндө айтып жатканын улантты: — Алар Нью-Мелдондо турушат, жергиликтүү баптист жыйынына барышат... — А алар менин ким экенимди, эмне кылганымды билишеби? — деп мен Ричарддын сөзүн тынчсыздануу менен бөлдүм, буга Ричард чын жүрөгүнөн жылмаюу менен жооп берди. — Эсиңде болсун Тони, “...азыр Машайак Ыйсанын ичинде күнөөкөр табияты боюнча эмес, Рух боюнча жашап жаткандарга эч кандай айып коюлбайт”, — деди ал Ыйык Жазуудан үзүндү келтире. — Брейнстер — укмуштай сонун машайакчы үй-бүлө. Алар сени соттошпойт. Аларга сенин никосиялык түрмөдөн бошоп жатканың белгилүү. Ошондуктан алар сени аэропорттон тосуп алып, өздөрүнүкүнө алып кетүүгө даяр. Ричард кайрдан конвертти ачып, андан кичинекей катты алды. Ал Кэролайн менен Жондон экен. Алар чыдамсыздык менен биздин жолгушууну күтүп жатышыптыр жана алардын кичинекей болгон, бирок жайлуу жана жылуу болгон үйү мага жагат го деп үмүттөнүшөт экен. Мага тааныш эмес болгон бул адамдардын ак көңүлдүгү мен үчүн адаттан тыш жана аябай таң калтырарлык болду. 13-бөлүм 11-ноябрь 1992-жыл. Менин эркиндикке чыга турган күнүм. Бул күнү мен таң ата электе туруп, эң биринчи кезекте күнүмдүк сыйынуу китебин ачтым. Араң эле болгон жарыктын жардамында керектүү бетти таап, мен таң калдым. Бүгүнкү күндөгү окуй турган тексттин башында: “Чыныгы эркиндик” деп жазылып туруптур. Мен Жакандын Жакшы Кабарындагы (8:36) “Эгерде силерди Уул эркин кылса, анда чындап эркин болосуңар” деген бул сөздөрдү өзүмө сиңирип, жыргап жаттым. Бул менин аятым эле. Мен Кудай-Теңирим менин өмүрүмдүн башынан аягына чейинки ар бир кадамын көрүп тураарын билдим. Эми мен Ага өз келечегимди ишенип тапшыруум керек болчу. Бул күнү эрте менен мен бүт блокту кыдырып, камактагылар менен сүйлөшүп, аларды өз жашоолорун Ыйсага тапшырууга ынандырып жаттым. Баарынан кыйыны достор менен коштошуу болду. Анткени канчалаган убакытты кайгыбызды жана кубанычыбызды, түйшүгүбүздү, үмүтүбүздү жана кыялдарыбызды тең бөлүшө бирге өткөргөнбүз. Зигги, Симоне, Иэн, Мартин, Андреас, Хасан... Мухаммеддин көздөрү жашка толуп турду. — Ушул убакытка чейин сен Кудайга ишенимдүү болдуң. Өз ишенимиңди калтырба. Өкүнбөйсүң, сөз берем. Биз ишенүүгө жана үмүттөннүүгө милдеттүүбүз, досум, — дедим Мухаммедке. — Анткени биз чыныгы эркин адамдарбыз. — Мен аны колунан кармап, жүрөгүмө кыса кучактадым. Акыркы жолу мен блок жакка көз жүгүрттүм, анан бурулуп чоң дүйнөгө жай кадам таштадым. Chowishi отурган кабинетте мага менин жеке буюмдарым салынган баштыгымды беришти. Үч жыл кийип жүргөн сандалеттен кийин жаман эмес бут кийимди кийүү, оор жана катуу сезилсе да, мага жагымдуу болду. Мында жынсы шым жана бийик жакалуу кара свитер да табылды. Бир нече мүнөт мен үч кызыл жазуу дептерчесин барактап туруп калдым. Бул жерде толтура аттар, сандар жана даректер, кыскасын айтканда менин мурунку жумушум боюнча контакттар бар эле. Кудайга берген убадамды эстеп, бардык жазуу дептерчелеримди таштанды салган идишке ыргыттым. Алардын ордуна баштыгыма Ыйык Жазууну изилдөө боюнча окуу китебин, менин Ыйык Китебимди жана Майкл мага түрмөдө берген китептердин кээ бирин салдым. Көп китептерди мен өз досторума таратып бердим. Алардын арасында мен эч качан ажырабай турган “Даңктын дарбазасы” деген бир китеп бар болчу. Мен бир камерада кайсы-бир нигериялык менен өткөргөн кечти эстей жылмайып алдым. Мен көп учурда ал жөнүндө эстечүмүн. Чынында эле ал ким эле? Теңирдин жөнөткөнү эмеспи? А мүмкүн Анын периштесидир? Мен ошондо нигериялыктын бул китептин барагына өз атын жана Лагостогу дарегин жазганына толук ишенем. Мен ал жазууну ошол күнү өз көзүм менен көргөндөй болгонмун. Бирок кийинчерээк мен аны таппай калдым. Бардык барактары бүтүн, бирок анда нигериялыктын колу менен жазылган нерсе жок! Ушул кезге чейин бул жазуунун жок болуп кеткен сыры мени таң калтырат. Chowishi мага менин жаңы паспортум менен бирге авиабилетти берди. Көз ирмемге мен өзүмдүн жан сакчы болгон жумушумду эстеп кеттим. Швецариялык банктардын биринде ар кайсы өлкөлөрдөн ар түрдүү ысымда берилген менин жасалма паспортторумдун топтому сакталчу, мүмкүн ушул убакытка чейин сакталып жаткандыр. Жасалма документтерди алуу ал кезде өтө жөнөкөй эле — баарын керектүү адамдар менен болгон байланыш чечип койчу. Азыр болсо мен колумда британдык консульство берген жаңы паспорт кармап турам. Жаңысы го жаңы эле, бирок колго жасалгандыктан сапаты абдан жаман. Паспортко Ричарддан болгон кат кыстырылган. Анда: “бул документ үчүн биз элчиликте иштеген айымга абдан ыраазыбыз. Сен Англияга келгенде аны кайрадан жасатышың керек, бирок бир жакшы жагы — ал сага үйүңө жол ачат”, — деп жазылыптыр. Түрмөдө түшкөн өз сүрөтүңдү көрүү абдан эле жагымсыз болду. Лондондук Хитроу аэропортуна жеткенче паспортту билет менен бирге арткы чөнтөккө жашырып коюуга туура келди. — Кана эмесе, кеттик, — дедим varianosго. Ларнакинин аэропортуна чейин беш полиция кыматкерлеринин коштоосу менен келдим. Кипрдин бийликтегилери аркылуу акыркы беш жылда мен кара тизмеге кирип калганмын, ошондуктан мен чындап эле алардын өлкөсүнөн чыгып кеткениме ынануу үчүн полиция кызматкерлерине тапшырышкан. Автомобилдин арткы отургучуна отуруп, мен курчаган чөйрөнүн сулуулугуна суктанып жаттым. Көкмөк асман, тоолор, дарактар, аялдар, балдар, деңиздин жыты. Мен булардын баарын үч узак жылдан мурун көргөнмүн жана түрмөдө отуруп бул сүрөттөрдү өз эсимде кайрадан жаңылачумун. Мына эми кайрадан аларга суктанып жатам. Үч жыл мен бул сулуулукту көргөн жокмун, азыр менин сезимдерим курчуп, курчаган чөйрөдөгүлөрдүн баары мага жаңы жана таза туюлуп жатты. Учакка отурганга чейин мени аэропорттун полиция башкармалыгында кармап турушту. Күтүлбөгөн жерден ушунчалык тааныш үн угулду. Бул Майкл Райт эле. Ал кайнатасы менен бирге аэропортко мени менен коштошкону келишиптир. Алар мага жылуу тон алып келишти. — Мунун баарын Элизабет кылды,— деп жылмайды Майкл. — Ал Англияда азыр суук болуп калгандыгын менин эсиме салды. Өзүнүн Ыйык Китебин ачуу менен ал мени шыктандырып, кайраттандыруу үчүн бир нече сонун аяттарды көрсөттү. Сырттан караганда ал — менин атамдай, а мен болсо — анын уулундай көрүнгөн чыгаармын, бүгүн болсо ал мени дүйнөгө узатып жатат. Биздин коштошуубуз жүрөктү элжирете тургандай болду. Ал мен үчүн ушунчалык көп нерсе жасады. Майкл өз коомун калтырып, өлүп жок боло тургандарды жана суусагандарды издөө үчүн аттанган. Өз элинин арасындагы тынч жашоосунан баш тартып, Кудайдын чакырыгынын артынан түшүп, ал чоочун өлкөгө келген. Бул жерде ага тилдик тоскоолдуктарды, маданий айырмачылыктарды жана расалык келишпестиктерди жеңип өтүү менен, рухий согушка чыгууга туура келди. Никосиянын Борбордук түрмөсү — тоңуп калгандар үчүн тундургуч жана Майклдай болгон мындай сонун адамдар үчүн жер бетиндеги эң ылайыксыз жай. Бирок, эч нерсеге карабастан ал өз ойлорунда да, иштеринде да Кудайга ишенимдүү бойдон калды. Ал өлүп жок болуп бара жаткандарды Ыйсанын сүйүүсү менен сүйгөн жана үмүтсүздүк менен арга түгөнгөндүк падышачылык кылып жаткан жерге үмүт жана өмүр алып келип жатты. Менин түшүнгөнүм боюнча, Майкл биздин баарыбызды Ыйса эмнеге чакырган болсо ошол нерсени жасап жатты. Ал өзүнүн талаптарын канааттандырууну четке калтырып, мага окшогондорго Машайак жөнүндөгү Жакшы Кабарды жарыялоо үчүн жөнөгөн. Майкл кийинчерээк мен Улуу Британиядагы ишенүүчүлөрдү баалай биле ала турган кандайдыр бир стандартты түзүп берди. Тилекке каршы, бул мени толугу менен таттуу кыялдарымдын жок болушуна жана терең көңүл чөгүүмө алып келди. Өмүрүмдө көп жолу учсам дагы, баары бир бул күнү учак булуттардын арасынан кирип, бийиктикке көтөрүлгөндө коркунуч жана титирөө менен төмөн жактагы белги берүүчү отторду байкап жаттым. Бул эң эле сонун эле. Жашоонун өзү керемет болчу. Мен көздөрүмдү жумуп, дүңгүрөгөн мотордун үнүн угуу менен акыркы үч жылдагы өз өмүрүмдү эстей баштадым. Абдан кубанып, баары үчүн Кудайга ыраазычылык келтирдим. Учак жерге конгону баратканда менин колдорум жана буттарым коркунучтан жана толкундангандыктан титиреп жатты. Өзүм тынчтануум үчүн ичимден жыйырма экинчи забурду айта баштадым: Теңир менин Кайтаруучум. Мен эч нерсеге муктаж болбойм. Ал мени оттуу жайытка жаят жана жай аккан суу боюна алып барат. Өз ысымы үчүн жаныма күч берип, чындык жолуна салат. Өлүм көлөкөсүнүн өрөөнүндө жүрсөм да, жамандыктан коркпойм, анткени Сен мени мененсиң. Сенин бийлик таягың менен койчу таягың жанымды тынчтандырат. Сен мага душмандарымдын көз алдында дасторкон жайдың, башымды зайтун майы менен майладың. Чөйчөгүм ашып-ташып төгүлүп турат. Береке менен ырайым мени өмүрүмдүн аягына чейин коштоп жүрсүн, ошондо мен Теңирдин үйүндө түбөлүк болом. Хитроу аэропортундагы күткөндөрдүн арасынан мен Жон менен Кэролайн Нанндарды балдары менен бат эле тааныдым. Жүрөгүм ооруп, бул адамдар үчүн кандай кара инсан катары көрүнө тургандыгым жөнүндө ойлоп кеттим. Өз атымды айтып, алардын көзүнө карай алган жокмун, бирок алар мени абдан көпкө жоголуп кеткен үй-бүлөнүн мүчөсү катары бек кучакташты. Мен эмне айтаарымды билген жокмун. Мени кайра-кайра жаңы таасирленүүлөр өзүнө тартып жатты. Тар түрмөнүн камерасында өткөргөн үч жылдан кийин бардык нерсе мага чоң, бийик жана коркута тургандай сезилип жатты. Автомобилде бара жатканда башым айланып, кускум келип жатты, бирок бул жөнөкөй үй-бүлөгө ыраазы болуп жаттым, алар мени жакшы тосуп алганын көрсөтүшүп, күлүп, сүйлөшүп, бардык нерсени жасап жатышты. Жондун үйүндө мен өзүмдү эркиндигим жоктой сезгенимди уланттым. Менин башым тегеренип чыкты. Баталуу бул үй ыңгайлуу жана жайлуу экен, даамдуу бирдеме жыттанып жатты. Бул жерде абдан көп үй-бүлөлүк сүрөттөр, ылайыктуу креслолор жана полдун бардык жагында чачылган балдардын оюнчуктары бар экен. Бул ар бир үй-бүлө үчүн адаттагыдай эле нормалдуу нерсе, а мен үчүн такыр көнбөгөн жана табигый эместей болуп жатты. Жон мага өзү үйүн көрсөттү жана алдын ала даярдалган коноктор үчүн болгон бөлмөдө мени калтырды. Ашканадан Кэролайндын үнү чыкты, ал он беш мүнөттөн кийин түшкү тамак даяр болот деп кабарлады. Мына азыр гана мен ачка болгонумду сездим. Керебеттин четине отура мен жумшак, апапакай шейшептерди кармаладым, дубалдагы эстамптарды, мен үчүн даярдалып коюлган таза сүлгүлөрдү жана туалеттик буюмдарды карадым. Бардыгы ушунчалык кемчиликсиз болчу, бирок мен ушундай нерсеге татыксыз элем! “Бул адамдар эч нерседен күмөн санашкан жок”, — деп ойлодум, өзүмдү күзгүдөн карап. Мен кийимдеримди чечип, ысык душ кабыл алдым. Үч жыл бою териге сиңип калган кир түбөлүккө агып кетти. Fylakiде жуунуунун өзү эле опурталдуу иш болчу. Көздөрү канга толгон коркунучтуу адамдар дайыма курмандык издеп жүрүшчү, ошондуктан жылаңач болуп эң келесоо адам гана чечинмек. Ысык сууну убак-убагы менен гана берчү. Кээде бир нече күн катары менен өчүрүп коюшчу, крандан үн чыгарып, кандайды-бир киргилт суюктук ага баштаганда биз душтагы орундар үчүн согушуп баштачубуз. Ылдый жакта стереофондук музыка жана Аннанын буттарынын дүбүрттөгөнү чыгып жатты. Ал бөлмөнү аралай чуркап жатты, атасы болсо аны кармап, бийик отургучка отургузууга аракет кылып жатты. — Кел, түш, — деди ал жылмайа, эшиктен чыккан мени байкай. — Өз үйүңдөгүдөй сез. Ал балакайды кызыл ашыгынан кармап, ал кубанганынан кыйкырып баштаганча термелте баштады. Анан аны тегеретип, акырын менин жанымдагы бийик отургучка отругузду. Анна мени карап, күлө баштады, андан кийин колдору менен жүзүн жаап, тешиктеринен мени кароо менен ойной баштады. Кэролайн түтүнү чыккан нан бышыруучу табаны көтөрүп чыгып, салмак менен үстөлдүн үстүнө койду. — Мен табаны үстөлдүн үстүнө койгондугум үчүн кечирим сурабайм, Тони. Мен таң кала аны карадым. — Сен конок эмессиң, сен — үй-бүлөнүн мүчөсүсүң, ошондуктан каалайсыңбы, каалабайсыңбы, биздин тамак бергенибизге көн. Ушул сөздөрдү айтуу менен бирге ал абдан сонун жыттанган тамакты тарелкаларга сала баштады. Жон тамак үчүн Кудайга ыраазычылык келтирди жана биз тамактана баштадык. Бул абдан сонун эле. Нанндар мени абдан жакшы кабыл алышты, бирок алар мен үчүн бул үй-бүлөлүк абал кандай таң каларлык көрүнгөнүн, мен ага канчалык кыйынчылык менен көнгөндүгүмдү билишкен жок. Менде үй-бүлөлүк эч кандай тажрыйба болгон эмес, эсимде да жок. Мен алардын мага толугу менен ишенгендерине таң калдым. Жон кызматка кеткенде, Кэролайн кичинекей Жошуа менен уктоочу бөлмөдө калат, а мен өзүм жалгыз Анна менен конок бөлмөдө калам. Кызык, деп ойлодум мен, алар ушунчалык аңкообу, мен өз өмүрүмдө көптөгөн мыкаачылыктарды, зордуктоолорду көргөндүгүм жана булардын баары кайсы-бир деңгээлде менин инсандыгымдын бир бөлүгү болуп калгандыгы жөнүндө ойлонушпайбы. Анна эркелегенди жакшы көрчү. Балдар менен мен бул убакытка чейин мамиле кылып көргөн эмесмин жана бул мамилелешүү өзүнө канчалаган сонун нерселерди жашыра турганын билген эмесмин, бирок так ушул балдардын арам оюнун жоктугунун сыйкырдуу күчү мени тынчантып жатты. Бир жолу Кэролайн Аннанын эрте мененки тамагын жебей көпкө отурганына көңүлү чөгүп, үстөлдүн үстүнө таймер коюп койду. — Бул шыңгыраган кезде сен тамакты жеп бүткөн болушуң керек! А эгерде жебесең, анда... сени жазалоого туура келет! — деди апасы жана ашканадан чыгып кетти. Анна сулунун акшагынан жасалган ботко салынган тарелканы тикирейип карап отурду. — Жегим келбейт,— деди ал кежирленип, эринин тиштеп, боткону четке жылдырып койду. Мен эмне кылышты билген жокмун. Жөн гана анын жанына отурдум. — Даамын байкап көрчү, Анна, боткону жеп көрсөң. Ал абдан даамдуу, — дедим мен, аны менен тил табышканга аракет кыла. Кыз мени шектенүү менен карады. Мен таймердин убактысын өзгөрттүм, ага бир нече мүнөт кошуп кайра койдум. Анна күлө баштады. — Ш-ш-ш... — дедим мен, көз кысып. — Ш-ш-ш... — мени кайталады ал, сөөмөйүн эринине тийгизе. Андан кийин күлүп алды да, тез арада боткону жеп бүтүрдү. Биз достошуп алдык. 15-ноябрь 1992-жылы жекшембиде мен Нанндардын үй-бүлөсү менен бирге Нью-Молдендеги баптист жыйынына жөнөдүм. Мен жыйынга баруу жөнүндө кыялданганмын жана бул күндү мен бир нече ай бою күткөнмүн. Мага Майклдын жана башка бир туугандардын Улуу Британиядагы жыйындар жөнүндө айткандары абдан жакчу, башка машайакчылар менен жолукканым мен үчүн майрам боло тургандыгын билчүмүн. Үч жүзгө чукул адам чогулду. Табынуу чогулушу мени толкундантты. Жагымдуу чөйрө, музыкалык коштоолор кубанганга татыктуу болду, ал эми насаатчы кафедрага көтөрүлгөндө мен бүтүндөй эле кирип кеттим. Сөзүнүн аягында ал Кудайга кайрылгандыгы жөнүндө айтып берүү үчүн каалоочуларды алдыга чыгууга чакырды. Мен титиреп баштадым, бирок Кудай менин чыгышымды буйруп жатканын түшүндүм. Мен ордуман туруп, эмнени айтуу керектигин башымда иргөө менен алдыга жөнөдүм. Анан кийин кекечтенип жана мукактанып жатып, өзүмдүн башыман өткөнүн айтып бердим. Буга чейин мен эч качан мындай чогулуштун алдына чыккан эмесмин. Түрмөдө мен көп адамдар менен сүйлөшкөнмүн, бирок ал жакта баары табигый түрдө болчу жана ошондой керек эле. Азыр болсо, жылмайган жана жайдары адамдардын жүздөрүн караганда, мен өзүмдү аябай ыңгайсыз сезип жаттым, аны жеңүүгө менде күч жок эле. Түшкө жакын менде көптөгөн жаңы достор пайда болду. Мен чөмүлүү алгысы келгендердин тобуна жазылдым. Түрмөдө көптөгөн айлар бою мени чөмүлдүрө турган күн жөнүндө кыялданчумун. Майкл Райт мага көп жолу алардын Кипрдеги жыйынында деңиз жээгинде чөмүлдүрө тургандыгы жөнүндө айтып берген. Иэн Реверезер, бир жаш кореец мага аны деңизде кантип чөмүлдүргөнү тууралуу жазып жиберди эле. Мен ага канчалык суктанган элем! Ыйык Китептен мен Жакан чөмүлдүрүүчү жөнүндө, Ыйсанын Өзүнүн чөмүлүшү жөнүндө окуганмын жана Машайактын бул осуятын сөзсүз аткаруум керектигин билчүмүн. Түрмөдө мен карманган ритуалым бар болчу. Душтун алдында турганда мен мурунку жашоом үчүн символдук түрдө өлчүмүн, душтан чыкканда өзүмдү жаңы, күнөөсүз адам катары эсептечүмүн. Жыйындан кайткандан кийин мен кожоюндарга майрамдык жекшембилик дасторкон жасаганга жардам бердим. Нанндар эки конокту — Фил менен Сараны чакырышты, алар жыйындан биз менен бирге келишти. Алардын экөө тең Жон менен Кэролайндын жакшы достору экен. Фил жашы мага тең чамалаш адам экен. Аны айырмалап турган ачык жылмаюусу жана катуу кол кысуусу эле. Тез эле биз жакын болуп, достошуп калдык, экөөбүздү мотоциклге болгон кызыгуу бириктирет экен. Сара мага колун сунуп, менин көзүмө карап мындай деди: — Сиз менен таанышканыма кубанычтамын. Биз сиз жөнүндө абдан көп укканбыз. Мен бутума чалына түштүм. Сара жылмайды, анын жүзүн ички жарык жаркылдатып турду. Мен анын торуна, анын көздөрүнүн жаркылдаганына байланып калдым. Мага анын жашоосунда Кудайдын Өзүнүн кантип көрсөткөндөрү жөнүндөгү айтып бергендери абдан жакты. Фил менен Сара Ыйсаны сүйүшөт экен, мен баарынан көп так ушундай адамдар менен мамилелешүүгө муктаж элем. Ошол күнү кечинде мен Сара жөнүндө ойлобой кое албадым. Ал жөн гана ажайып болчу. Мен аны эстеген сайын жылмайып жаттым. “Бул эмне, Теңир? — деп сурадым Кудайдан. — Мен мындай эч нерсеге даяр эмесмин!” Мунун баары мени кайда алып бара турганын биле албадым, бирок Сара — алтын экенин анык билдим. Ал ошол кечте мага абдан жароокер мамиле кылды, мен ага белек берүүнү каалап кеттим. Каллиграфиялык кат үчүн керектүү нерселерди, тушту алып, ишке кириштим. Бир нече күндөн кийин мен Сараныкына конокко аттандым. Ал бизден бир кыйла алыс жайгашкан Патниде[22] турчу. Түрмөдөгү изоляция мени үйдөн чыкпаган кишиге айлантып коюптур, болбосо мени жалдагандардын иштери боюнча көп саякатка чыкчумун. Азыр болсо үйдөн чыгаар кезде абдан катуу түйшүктөндүм. Автобус же поезд жөнүндөгү бир эле ой мен үчүн чыдагыс болду. Алдыңкы күнү Нанндардын үйүнүн маңдай жагынан жергиликтүү сүрөтчү менен декоратордон өзүмө жумуш таптым. Ал жумуш күнү бүткөн кезде мага нак акча берди. Иштеп тапкан акчамдын баарын мен Патниге чейинки таксиге төлөдүм. Саранын көчөсүнө жеткен кезде менин жүрөгүм көөдөнүмдөн ыргып чыгып кетүүгө даяр эле. Мен бул жерде эмне кылып жүрөм? Мен өз колумда оролгон кагаздагы өз эстампымды жана бир тутам гүл кармап алганмын. Мен коңгуроону басканда, менин колдорум толкундангандыктан калтырап жатты. Сара менен бирге бул жерде төрт кыз, практиканттар, келечектеги педагогдор жашашчу. “Суранам сенден Сара, үйүңдө болчу”, — деп шыбырап жаттым, бутумду алмак-салмак ооштуруп. Эшикти жапыс бойлуу, сары чачтуу кыз ачты. Мен андан Сараны чакырып коюшумду суранганымда, ал түшүнгөндөй жылмайды. Сара пайда болду, мен конок бөлмөсүнөн бир нече кулак түргөн жүздөрдүн баш баккандарын баамдадым. Сара кызарып кетти. — Тони, кандай күтүлбөгөн окуя! Мен эмне дешти билбей калдым. — Жөн эле мен сизге муну белек кылайын дегем, — деп баштадым мен мукактана. Сарага эстамп менен гүлдү сунуу менен мен коштошоюн деп калдым. — Токтоңуз, — деди ал бир аз айран калып. — Сиз жөн гана кете албайсыз. Жок дегенде биздикине кирип, бир чыны чай ичиңиз. Калтыраганым дагы да токтой элек болсо да, мен макул болдум. Мага чыккынчылык кылган бул калчылдоо мен Саранын үйүн калтырып, Нью-Моденге келгенде гана басылды. Мен кечинде ага коңгуроо кылдым, эртеси күнү биз чогуу түштөнүү үчүн макулдаштык. Бир нече жуманын ичинде биз көп эле жолу жолуктук. Чынын айтсам, мен ар бир жолугушууда абдан тынчсызданчумун, бирок биз эң башкысы биздин ишенимибиз жөнүндө сүйлөшчүбүз, бул мага аны менен табигый түрдө сүйлөшүүгө кыйла жардам берчү. Жаңы достор менен сүйлөшүү менен мен өзүмдү эркин сезе алчу эмесмин, менин Кудайга келген жолум түрмө аркылуу, тозоктун түпкүрү аркылуу болгондуктан уялчумун. А Саранын жолу такыр башкача эле. Бул сулуу, ак көңүл жана күнөөсүз кыз Ыйсаны өмүр бою сүйүп жашап келет. Мен буга суктандым. Бирок ал Кудайды мендей болуп, “реалдуу” түрдө таанып билгиси келгендигин мойнуна алды. А мен Сараны түшүнө албадым. Менин башымдан өткөн нерсени дүйнөдөгү эч кимге каалабайт элем. Сарага Кудай меникинен башкача болуп ачылып берген. Мен анын “сокур” ишениминин алдында баары бир ыйык титирөөдө болчумун. Сара өз жашоосун Ыйсага бала чагында эле арнаган. Сара өзү жөнүндө айтып жаткан кезде жылмайып отурду. — Атам менен бирге ал насаат айткан жыйынга баруу мага жакчу, — деди ал. — Атам жыйындын майланган кызматчысы эмес эле, бирок биздин коомдо бардык эркек бир туугандар насаат айтышчу. Бир жолу кечинде, мен анда тогуз жашта элем, аны менен бирге жыйынга бардым, азыркыдай эсимде, ал “акыркы мезгил” жөнүндө насаат айтты. Атам дүйнөнүн акыры каалаган учурда болуп калышы жөнүндө айтты. Ыйса сөзсүз келет, Ага ишенбеген ар бир адам кыйрайт. — Ушул жерде Сара мукактанып, селт этип кетти. — Чынында эле мен дагы ошол кыйрагандардын арасында болуп калмакмын, — деп улантты. — Мен Ыйык Китептеги ар кандай окуяларды окуганмын жана Ыйса жөнүндө жетиштүү түрдө көп эле билчүмүн. Мен өзүмдүн куткарылышым үчүн Ага ишенишим керектигин түшүндүм. Бирок ошол кезде мен Ага ишенет элем, дайыма эле ишенип келгенмин. Мен шектенген жалгыз нерсе — мен “туура” тобо кылганымда эле. Ошол кечте атамды угуу менен, ал бардык болгон адамдарды үйрөткөндөй Кудайга сыйынышым керектигин түшүндүм... Мен Сараны күтүү менен карадым. Анын көздөрү жашка толуп калыптыр. — Ооба, ооба, Тони... Мен атам үйрөткөндөй сыйындым, — деди ал. — Бирок эч нерсе болгон жок. Ошого чейин мен көп ирет укканмын, сыйыныш керек, ошондо сенин жашооң өзгөрүлөт, же сенде Кудай сага куткарылууну белек кылгандыгы тууралуу ушундай сезим, ички ынангандык пайда болот деп. Бирок менде мындай эч нерсе болгон жок. — Эч нерсеби? — деп сурадым мен, өзүмдүн камерамда биринчи ирет чын жүрөктөн Ыйсага кайрылган кечти эстөө менен. — Жок, эч кандай жарык, эч кандай асмандан болгон үн, эч кандай керемет нерсени баштан кечирүү. Эч нерсе. Анан мен бирдемени туура эмес кылдым го деп чечтим. Мүмкүн сөздөрдүн катарын туура эмес айткандырмын. Мүмкүн өз жүрөгүмдү жетиштүү деңгээлде моюн сундурбаган чыгаармын, ошол үчүн менин сыйынуум Кудайга жетишерлик чын дилден чыккандай көрүнбөгөндүр... — ууртунан жылмайды Сара. — Мен мындан бир жыл бою коркуп жүрдүм,— деп улантты ал. — Түндөсү төшөгүмдө жатып, ар бир шыбышка кулак салам. Ата-энемдин угулаар-угулбас үнү, тепкичтердин кыйчылдаганына; кыскасын айтканда, атам менен апам үйдө экендигин билдирген ар бир дабышка кубанчумун. Кээде мен атайлап жөтөлчүмүн. Ошондо мага апам жүгүрүп келчү — демек мен жалгыз эмесмин, баары жайында. Үйдө тыптынч болуп калган кезде мен Ыйса баарын алып кетип калып, мен калып калдым деп коркчумун... Мен айран болуп Сарага тике карадым. Ал жылмайып: — Акырында мен кайрат топтоп, бул жөнүндө атам жана апам менен сүйлөштүм. Ошондон кийин баары өз ордуна келди. — Кантип? — деп сурадым мен. — Алар сага эмне дешти? — Апам алар менин биринчи күнүмдөн тартып коргошкондорун жана менин жаныма оору жана кайгы алып келе турган нерселер менен кызыгуума жол бербегендигин түшүндүрдү. Менин жашоом чынында катуу өзгөрүлгөн жок... — Куткарылуу — бул сөзсүз түрдө эле туура жашоо деген эмес да? — дедим мен, тынчсыздануу мени башкарып жатканын сезе. — Куткарылуу мындан чоң. — Атам мага Элчилердин иштери китебинде жазылган Филиппидеги түрмө сакчысы жөнүндө эскертти, — сөзүн улады Сара. Ал жер титиреген кезде кишендери түшүп калган Пабыл менен Силаны көргөндө, алардан: «Мырзаларым! Куткарылыш үчүн эмне кылуум керек?» — деп сурады. Андан кийин атам элчилердин жообун мисал кылды: «Теңир Ыйса Машайакка ишен, ошондо өзүң да, үйүңдөгүлөр да куткарылат». Мен кайрадан атамдан сурадым: “Ушул элеби? Башка эч нерсе кереги жок экенине сиз ишенесизби?” Бул аяттарга кошумча атам мага көп башка аяттарды да көрсөттү. Ал кээ бир адамдардын өмүрүндө алар Кудайга келген кезде абдан орчундуу, өтө оор нерселер болот, бирок бул деген баары менен ушундай болот дегенге жатпайт деп түшүндүрдү. Ал мени эң маанилүүсү — бул менин ишенимдеги туруктуулугум жана Ыйсага таянуум экендигине ишендирди. Мен ушуну гана уккум келген эле, — деп бүтүрдү Сара. Мен түрмөдөгү өз досторумду эстедим. Алардын көпчүлүгү Кудайга жашоодон аябай кыйналган жана талкаланган бойдон келишкен. Мен аларга жөн гана Машайак жөнүндө айтчумун — башка эч нерсени билчү эмесмин, ошол нерсе эле өз жемишин берчү. Көп жолу Ыйык Китептен болгон аяттарды маанисин сактоо менен өз сөздөрүм менен эле айтып бергенмин. Мен эч качан эч кандай “формуланы”, стандарттык, жаттай турган сыйынууларды билген эмесмин. Биздин эч бирибиздин башыбызга мындай ой келген эмес. Сыйынуулары “туура эмес” болуп калды деген ойдон азап тарткан Сара жөнүндө ойлоп, мен кайгыра түштүм. Эмне бардык иш сөздөбү? Ар бир жүрөктөн чыккан сыйынуу Кудайдын көңүлүн бурдура турган болсо, бул формулалардын, сыйынуу сөздөрүнүн эмне кереги бар. Мен Майкл Райттын сөзүн эстедим. “Куткарылуу — бул белек, ал иштеп табылган нерсе эмес. Ыйса биздин куткарылуубуз үчүн баарын жасап койгон. Биз Ага ишенишибиз жана Анын белегин алышыбыз гана керек. Муну биз кантип жасайбыз эч кандай мааниге ээ эмес”. Сараны угуп жатып, биздин ар бирибиздин өмүрүбүз ар кандай болгондугу жөнүндө ойлодум. Ал ишенимди бек сактаган сүйүктүү үй-бүлөдө тарбияланган. Мен анын жылуу, санаасыз, айыпсыз өмүрүнө көз артып кеттим. Бирок ушундай өмүр сүргөндөн кийин менин ким экенимди, эмне кылганымды кантип түшүнө алат? Мен жерге кирип кеткидей болуп уялдым. Мүмкүн, Сара үчүн мендей болгон адам менен мамилешпей коюу жакшыдыр. Бирок Саранын мени укканында, кандай суроолорду бергенинде жана мага көмөк көрсөткөнүндө өзгөчө бирдеме бар болчу. Эмнегедир аны менен сүйлөшкөндө мен өзүмдү баалуу жана кымбат эсептечүмүн. Кантип мен анын достугунан баш тартам? Өмүр бою мен өзүмө ишенип, өзүмө таянып келгенмин. Эч качан мен чоң аудиториянын алдында өзүмдү жоготкон эмесмин жана дайыма өзүмдү башкара билчүмүн. Кипрдеги сыноолордон кийин мен өзгөрүлдүм. Мен адамдардын алдында тартынып, эки сөздүз кошо албай, толкунданганымдан калтырап-титиреп кетчү болдум. Сара, албетте буга көңүл бурду. Мен ага кокусунан тийип кеткенден да коркчумун. Бир жолу кечинде ал мага өзү тийди. Менин биринчи каалоом андан кетенчиктегим келди, бирок мен муну жасаганга чейин эле ал мени кучактап, өөп алды. Мен кескин түрдө толкунданып кеттим. Акырында менин толкунданганым токтоду. Толкундануу болуп көрбөгөн кубанычка орун бошотуу менен бир жакка кетти. Бир нече айдан кийин мен Жон менен Кэролайндын үйүнөн жыйындагы сонун улгайган жубайлардын, Алан менен Ирэн Киркамдын үйүнө көчтүм. Андан кийин Клапам темир жол түйүнүнүн жанынан бир бөлмөнү ижарага алдым. Бул үйдүн биринчи кабатында “Оак Рум” деп аталган чоң эмес жыйын жайгашкан. Бир-эки күндөн кийин мен бул жыйында бир гана эркек бир тууган бар экенин билдим. Негизинен чогулушта улгайган териси кара болгон кыз бир туугандар бар экен. Мени көргөндө Жо Макдоналддын жүзү кубанычтан жайнап кетти. Бир боордоштук[23] традициялык жыйыны бир туугандардын жыйындагы кызматына болгон мамиледе катуу болушкандыктан, Жо бир тууган жыйындагы жалгыз насаатчы экен. Жыйындагы болгон кызматтын бардыгын кыз бир туугандар алып барышат экен, бирок бул насаат айтууга жана кечки тамак расмисин өткөрүүгө тийиштүү эмес. Жо бир тууган көп жылдар бою алмашылбаган, андан да маанилүүсү сүйүктүү кайтаруучу болгон. Ал күнүнө эки жолу — эрте менен жана кечинде суй жыгылып калганча насаат айткан. Анын жүгүнүн негизги бөлүгү бир нече күндүн ичинде мага өттү. Менин тынчсыздануума кошумча болуп, тез аранын ичинде Жо бир тууган бардык кызматтан баш тартып, бүт жоопкерчилик мага жүктөлдү. Кыскасын айтканда, мен өзүмө көтөрө алгыс жүктү жүктөп алдым. Ушул убакытка чейин мен жөн гана Машайак жөнүндө элдерге күбөлөндүрчүмүн, бул көп жолу болгон, бирок насаат сөз, окутуу жана табынуу чогулуштарын алып баруу — бул такыр башка иш эмеспи! Кыз бир туугандар жүрүш-туруштагы катуулуктары менен айырмаланып турушчу жана мени оңдоп турушчу, бирок мага ак көңүлдүк менен мамиле кылышат эле, Теңирдин мен үчүн бул жыйындагы кызматты Өзүнүн көз карандысыз эрки менен караштырганын түшүндүм. Бир боордоштук жыйындарынын мүчөлөрү Ыйык Китепти таанып билүүсү менен даңкталышат, ошондуктан мен каалаймынбы-каалабаймынбы Ыйык Жазууну изилдөө үчүн жана насаат сөз даярдоо үчүн сааттап отурууга туура келди. Насаат сөз айтууда аныктуу ыктарга ээ болгонго чейин, өз насааттарымды барактан окуп берчүмүн. Бактыма жараша, мага тез арада узун бойлуу, дене бою чың, жаңы зеландиялык Майк Ливингстон жардамга келди. Майкл Лондонго менден бир аз кечирээк келиптир, биз бат эле жакшы дос болуп калдык. Кудайга даңк, ал биздин кыз бир туугандарыбызга жакты, убакыт өткөн сайын ал мага кызматта жакшы жардам бере баштады. Биз көп мезгилде өз жашообуздагы окуялардан айтуу менен түн бир маалга чейин отурчубуз. Сарага окшоп, Майк дагы машайакчы үй-бүлөдө тарбияланыптыр, ошондуктан ал да менин Машайак менен кереметтүү жолугушуумду тартылуу менен укту. — Билесиңби, мен кээде өзүмдү экинчи сорттогу машайакчы эсептеп кетем, — деди ал кечки сүйлөшүүлөрдүн биринде. — Сен дайыма Кудайды билгенсиң, кантип мындай нерсени айтып жатасың? — деп сурадым. — Бул шексиз, бирок мен дайыма дүйнөгө атам менен апамдын көзү менен карагандай сезем, а менин ишенимим болсо менин эмес, ата-энемдики сыяктуу. — Сен муну менен эмнени айткың келип жатат? — Мен дайыма өз ишенимиме ынанышым керек эле, анда бекемделишим керек, — деп жооп берди ал. — Сен Кудайга реалдуу түрдө жолуктуң. Сен Анын сенин өмүрүңдө сырткы көрүнүштөрдү көрсөтүүсүнүн кереги жок деп айтпадыңбы, сен ансыз деле Ага ишенесиң. — Шартсыз түрдө, — деп жооп бердим мен. Түрмөдө болгон учурда мен Ал мени күн болобу, түн болобу сактай турганына ишенчүмүн. Мына ошентип гана мен ал жакта тирүү калдым, мунун артында сөзсүз түрдө Кудай турат. — Менде мындай тажрыйба жок. Мен эч качан мындай күч менен Ага таянган эмесмин, анткени менин өмүрүм дайыма тынч болгон, — деди Майк. Бул убакытка чейин мен мындай жолугушуулардын бир нечесин укканмын. Майктын Машайакка кайрылуусу жөнүндөгү аңгемеси Сараныкына таң калыштуу түрдө окшош эле. Бирок Майк да, Сара да мындай аңгемелерди укканда мен канчалык ыйык калтыроого дуушар болгонумду байкашкан жок. Мен ушундай “сокур” ишеним менен кантип жашаганга боло турганын түшүнө алчу эмесмин. Ошого карабастан, Майк менен Сара ишенимде бекемделип, жыл өткөн сайын Кудайды мактап, даңктап, бардык нерседе өздөрүн Ага ишенип тапшырып, Ага чын жүрөктөрү менен кызмат кылып келишет. — Эмне болуптур? — деп сурадым Майктан. — Кандай гана болбосун Теңир дайыма сени менен, сен өз күчүң менен эч нерсе кыла алмак эмессиң. Биз экөөбүз тең насаат айтып, коомду башкарчубуз, экөөбүз тең биздин кызматыбызда Кудайдын күчү жардам берип жатканын абдан жакшы түшүнчүбүз. — Ушул жөнүндө мен сага айткым келген, Тони, — жылмайды Майк. — Менин Кудайга келген жолум сеникине такыр окшобойт, бирок мен болгону Теңир мени качан “жогорудан төрөлткөнүн” так айта албайм, а сен менден айырмаланып айта аласың. Майк чын жүрөгүнөн айтып жатканын билсем да, мага аны түшүнүү кыйынга турду. — Кана, талкуулап берчи, болбосо мен эч нерсени түшүнө албай турам, — дедим мен. — Мен баары Ыйсаны сүйгөн үй-бүлөдө тарбиялангам, мына ошондуктан мен бала чагымдан эле чыныгы машайакчы менен жөнөкөй келип кеткен адамдын айырмасын билет элем. Он жашка чукул мен өзүмдү белгилүү стажга ээ болгон машайакчы деп саначумун. Мен Ыйса — менин Куткаруучум экенин билчүмүн; бирок муну качан жана кантип түшүнгөнүмдү, качан тандаганымды эстеш кыйын. Мен жөн эле буга ишенчүмүн, бүттү. Мен Машайакка ишенген күнүмдү эстей албайм, мүмкүн мен Ага ишенбеген күнүмдү эстей албагандыгымдан улам го... — жылмайды Майк. — Мага муну түшүнүү кыйын, — дедим мен. — Менде баары башкача болгон. Мен ушунчалык күнөөнүн айланпасына чөгүп кеткенимден, Кудай мени менен көпкө убараланууга туура келди. — Ооба, мүмкүн ошондойдур, — деди Майк. — Кээ бирлери күнөөкөрлөрдүн чыныгы жолго түшүүсүн эки өлкөнүн аралыгындагы поезд менен болгон саякатка салыштырышат, — улантты Майк. — Эгер уктабасаң, анда поезд чек арадан өткөнүн көрөсүң, а эгер уктап калсаң... — өзүң билесиң. Муну сен билесиң, а мен жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда мен кантип машайакчы “болуп калганымды” эстей албайм, болгону ушул. — Бирок сен өз кайрылгандыгың жөнүндө шектенбейсиң да? — деп сурадым. — Менин оюмча, бул мен акыркы жылдарда чечкен эң бир татаал көйгөй. Мен он үч жашка толгонумда мен Ыйсаны өзүмдүн Куткаруучум катары кабыл алганымды көрсөтүш үчүн, Кудай Өзү мени чөмүлүүгө чакырганына чын жүрөгүмдөн ишенем. Ошентип мени чөмүлдүрүштү. Кийинчерээк мен Кудайга өзүмдүн “туура”кайрылгандыгым жөнүндө шектенип баштадым. Мен качан тобо кылганымды эстей алган жокмун, белгилүү бир күндү айта алган жокмун, менин шектенүүм мына ушунда эле, өзгөчө Кудайды таанып билүүсү сеникине окшогон адамдар менен жолукканда көп шектенчүмүн. Мен кайгыра жылмайдым: — Анан? — Менин оюмча, мындай шектенүүлөрдөн тынымсыз сыйынуу менен арылуу керек. Эгер мен өз күнөөлөрүм үчүн кайра-кайра тобо кыла турган болсом, кимге жаман? — деп күлдү Майк. — Мындан сырткары, мен ойлойм, сеникине окшогон каардуу жердик чындыкта Кудайды таанып билүү тажрыйбасына ээ болбогон адамдар Анын бар экендигин илимий, философиялык көз карашта издеп башташат. Мен Ага ишенгендигимди билчүмүн, бирок өзүмдүн бүт акыл-эске кирген убагымдан тартып өзүмө жана жакындарыма “эмне үчүн” мен Кудайга ишене турганымды далилдегенге аракет кылып келдим. Ооба, менин акыл түзүлүшүм ушундай. Бирок Кудайдын бар экендигин же жок экендигин илимий түрдө далилдөөгө болбойт. Кудайдын бар экендигин тажрыйба жүзүндө далилдөөгө болбойт. Акырында мен мындай жыйынтыкка келдим: көрүнгөн дүйнөдө биз Кудайдын рухий чөйрөдө бар экендигинин жетиштүү түрдөгү далилдерине ээбиз. — Эмнени айтып жатасың? — деп сурадым. — Эң биринчи, ааламдын бар болушу. Андан кийин ишенгендердин күбөлөндүрүүлөрү. Мунун баарын жөн гана бириктирүү керек жана жөн гана ишенимдин кадамын таштоо керек. Биз күүгүмдө жанаша отурган бойдон унчукпай калдык. Мен Майктын айткандарын сиңиргенге аракет кылып жаттым. Чындыгында эле анын күбөлүгүнүн күчү мени толкундантты. — Ооба, Кудай эч качан мага сага ачылгандай ачылып берген эмес, бирок Ал баары бир менин жашоомдо улуу жана таң калтыра турган кереметтерди жасаган жана жасап жатат, — деп акырын бүтүрдү Майк. — Ал менин жолумдагы ар бир бөлүктө жетектегенин, багыттаганын жана бата бергенин мен так билем! — Омийин! — дедим мен жылмая. Мен мындай болгонуна кыпындай да шектенген жокмун. Жыйындагы кызмат менин өмүрүмдүн көп бөлүгүн ээледи, бирок мен жашоо үчүн да каражат иштеп табышым керек эле. Жыйындын ишетеринен бош убакытта мен эч кандай жумушу жок бош отурган жокмун, жок дегенде бир аз сарамжылап, эсептерди төлөшүм үчүн. Убактысы менен жаман эмес орун табуу жеңил эмес болчу, бирок көп убакытка мен эч качан ишсиз отурган жокмун. Бир убакыт мен официант болуп иштедим, анан эстамптар менен ириштим. Акырында коргоо структурасына кайттым. Мындай кылуу мен үчүн кыйынга турган жок, бирок анын артында мурдагы жашоого кирип кетүү коркунучу бар эле. Жөнөкөй сакчы болуу кайсы-бир деңгээлде өз талантыңды жерге көмгөнгө барабар эле, мага бөлүп берген айлык акысы да болбогон акча эле, бирок мага баары бир бул жумуш жакчу, анткени ал салыштырмалуу тынч болчу. Кызмат боюнча мен Кью-Гардензде[24] жана башка көп Лондондун чет жакасындагы кооз жайларда болдум. Мен күнүмдүк акча табууга өзгөчө маани берген жокмун. Баары бир менин жашоомдун кыймылдаткыч күчү Ыйса жана Ал мага берген белеги жөнүндө күбөлөндүрүү муктаждыгы болчу. Мен өз ишенимим жөнүндө элдерге айтып берүү мүмкүнчүлүгү тууралуу тынбай сыйындым. А мүмкүнчүлүктөр толтура болчу, мен алардын бирин да жөн кетирге жокмун. Бирок мен иштеген фирманын жетекчилиги менин коргоо структураларында иштеген мурунку иш тажрыйбамды абдан бат көңүлгө алышты. Мени кызмат орундан жогорулатышты, андан кийин бат эле мен кызмат тепкичи боюнча жогорулай баштадым. Мага Кудай үчүн, абийириме карап иштеген жакты. Жаңы орунда мен фирманын жумушун жакшыртуу үчүн эмнени кантип кылуу керектиги тууралуу так түшүнүк бар эле. Тез арада эле байкатпастан менде мурункудай кадыр-баркты сүйүүчүлүк пайда болду. Эки жылдын ичинде биздин бизнесибиз чоң-чоң киреше түшүрүү менен жакшы эле өнүктү. Көз ачып жумганча эле мен коммерциялык директор болуп калдым. Мага кызмат машинасы жана Лондондун борборунан жашаганга жай берилди. Жаман эмес маянага ээ болгонумду айтпай эле коеюн. Мен Кудайга Анын кылган бардык иши үчүн ыраазычылык айттым. Бул учурда Сара да окуусун аяктап, мугалим болуп калды. Биз тойго даярдана баштадык. Сара экөөбүз анын ата-энесинин үйүндө Эссексте көп уик-энд өткөрдүк. Алардын биздин никебизге бата берүүсү үчүн көп нерседе мен аларды ынантууга туура келди. Саранын ата-энеси сүйүктүү, ачык адамдар болчу, бирок мен алардын каалаган күйөө баласы болушум кыйын болушун түшүнчүмүн. Өздөрүнүн кызы үчүн мындай жубай жөнүндө кыялданышкан эместир. Мындай шартта мен кыла алган нерсем эле, Теңир күн сайын күнөөнүн балит нерсесинен арылтуу менен менде жараткан “жаңы мен” болгон адамды аларга ачып берүүсүн сурап Кудайдан өтүнүү эле. Бирок бул өтө жөнөкөй иш эмес болчу. Мен кун-фуну таштаганыма бир нече убакыт болгону менен ал мурдагыдай эле менин бир бөлүгүм бойдон калган. Бир уик-эндде мен Саранын ата-энесинин үйүндө эс алып жатканмын. Мен Лондонго чейинки поездге дүйшөмбү күнү эрте менен отурууну чечкенмин. Саранын атасы Дейвид таңкы саат беште мени бир чыны чай ичип алуум үчүн ойготууну чечиптир. Мен эч кандай арам ойсуз уктап жатканмын, мүмкүн коңурук тартып жаткандырмын. Бирок секунддун ичинде менде байыркы, тамырланып калган инстинкт ойгонуп кетти: кимдир-бирөө менин бөлмөмө кирди. Мен ошол замат ойгондум да, ыргып туруп, коргонуу үчүн аттын күрөш абалында тик туруп калдым. Байкуш Дейвид жөн гана шашкалактап кетти. Мен өз убагында токтотуп калдым. Албетте, эч кандай сокку болгон жок. Таң кала секирип, Дейвид ысык чай куюлган чөйчөктү али да болсо кармап турду. Кийинчерээк бул жөнүндө эскерүү менен Дейвид көп убакыт күлүп жүрдү, бирок мен үчүн өз акылымдан сызып өчүрүп кое албаган байыркы “жол” жөнүндө эскерүү оор болчу. Кун-фу күрөш чеберчилиги мен үчүн “денемдеги тикенек” болду. Мен белгилүү секундда адамды өлтүрө тургандай таасир бере турган адамдын анатомиялык чекиттерин билем. Мындай билим абдан коркунучтуу. Бул деген дайыма октолгон курал менен жүргөнгө барабар. Башында көп учурда Сара мага чогуу үйдөн чыкканыбызда өзүн толук коопсуз сезем деп айтчу. Бирок мен андан угууну каалаган сөздөр ушулар беле! Менин Алькапони менен болгон кагылышуумда Кудай көргөзгөн күчтөн кийин мен адамдарды күрөш чеберчилигинин кандай гана түрү болбосун үйрөнбөгөнгө чакырып баштаганмын. Батышта негизинен ден-соолукту чыңдоо үчүн жана өзүн коргоо үчүн деп окутат, бирок бардык чыгыштын күрөш чеберчиликтеринин негизинде мен эсептегендей алдамчы жана коркунучтуу рухий башталыш жатат. Кун-фунун жолу Ыйса Машайактын чыныгы жолуна карама-каршы жана адамда өз күчүнө жалган ишенимдин пайда болушуна алып келет. Күрөш чеберчилиги адамдын терең коркунучуна, анын кумарына жана өзүн сүйүүчүлүгүнө жардам берет. Машайактын жолу күнөөнүн кулчулугунан бошотот жана Ал аркылуу, Анын ичинде жана Аны менен бирге жаңы жашоого, эркиндикке жана коопсуздукка жетелейт. 14-бөлүм Сара экөөбүз 1995-жылы 22-июлда үйлөндүк. Ошол эле жылы бир аз эртерээк Саранын мыкты досу Элен Майкка турмушка чыкты. Тилекке каршы, бул Майк экөөбүздүн “Оак Рум” жыйынын калтырышыбыз керектигин билдирет. Муну биринчи Майк жасады, анадан бир нече айдан кийин мен да ушундай кылганга туура келди. Сара менен Элен алардын ата-энелери жашаган Эссексте иштешчү. Кыздар бала чагынан бери дос болушкан, экөө тең — жергиликтүү кичинекей “Моркрофт Холл” жыйынынын мүчөлөрү эле. Бат эле биз жыйындын жашоосуна киришип кеттик. Тобо кылган биринчи күнүмдөн тартып эле мен Кытайдын кайсы-бир жеринде же рецидивисттер үчүн катуу режимдеги кандайдыр-бир түрмөдө миссионер болуп кызмат кылганды кыялданчумун. Мунун ордуна мен балдарга өз жүрөгүн арнаган Саранын аркасынан ээрчидим. Анын атасы көптөгөн жылдар бою балдардын жайкы лагерлеринин уюмун жетектеп келген. Мен ага жардам бере баштадым жана өзүм байкабастан балдар менен иштегенден канааттануу алып баштадым. Мага алар менен ар кандай оюндарды ойноо жакчу. Мүмкүн мен бала чагымда мунун баары жетишпегендиги үчүндүр. Жайкы эс алуунун милдеттүү түрдө болгон пункт болуп суудагы уруш жана ар кандай кыймылдуу оюндар, ошондой эле спорттук мелдештер саналган. Кечинде биз баарыбыз бирге балдарга Ыйса Машайак жөнүндө айтып берчүбүз. Бул өтө эле жөнөкөй болчу. Балдар үчүн кызыктуу эле, алардын мени канчалык көңүл коюу менен угуп жаткандарына өзүм ынандым. “Моркрофт Холл” жыйыны Жакшы Кабар таратуу иштерин өткөрүшчү эмес, ошондой эле жыйында жаштар аз эле. Бул окуяларды сүрөттөп бергенге чейин биз Сара, Майк, Элен болуп жыйындын ичинде жаштар клубун уюштурууну чечтик. Шаарда кыла турган эч нерсе жок болгондуктан жөн гана көчөдө ары-бери басып жүргөн толтура өспүрүмдөр бар эле. Биз жеңил эле иш баштадык. Мен өспүрүмдөр менен таанышып, аларды жыйынга чакырам, Майк болсо Жакшы Кабар айтат. Жума күндөрү биз микроавтобус алып Базилдонду бүт кыдырып, балдарды жана өспүрүмдөрдү жыйынга жеткирет элек. Ушул кезде көп балдар Машайакка ишенип калышты. Мисалы, Жейми. Ал тынчы жок, ачуулуу жана абдан көп кыймылдуу бала эле. Ал тогуз жашта болчу, бирок өз теңтуштарына караганда бир кыйла кичинекей көрүнчү. Буга карабастан ал бир нече жолу үйүнөн качып чыккан, ар бир учурда жагымсыз окуяга дуушар болгон. Ал эч кимге ишенчү эмес, ал эми кыжыры келгенде кекечтенип калчу. Анын ата тегин жана тарбиясын майда-чүйдөсүнө чейин биз билчү эмеспиз, бирок биз иштеген көп балдардай эле анын атасы жок болчу: баласы жөнүндө бүт күчүн жумшап жалгыз энеси кам көрчү. Мүмкүн болушунча биз балдардын ата-энелери менен байланыш түзүүгө аракет кылчубуз, ошондой эле мен түрмөдө отуруп чыкканымды жашырчу эмесмин. Биз иштеген бул чөйрөдө бул чоң уят иш деп деле саналчу эмес. Көп аялдардын — биздин кам көргөн балдардын энелеринин күйөөлөрү же бирге жашагандарынын көпчүлүктөрү да түрмөдө отурушкан, энелеринин көпчүлүктөрү алардын балдарына көчөнүн зыяндуу таасирин алдын алууда жардам көрсөткөнүбүз үчүн бизге ыраазы болушту. Жума артынан жумалап Жейми биздин жаштардын клубуна келе баштады. Көп өтпөй ал агасы Жон жана эжеси Мэнди менен бирге келе баштады. Азыр мен көп ирет суроо берем, эгер анын өмүрүндөгү татаал мезгилде биздин жаштар клубунан алган көмөк болбосо, Жейминин тагдыры канчалык начар болмок. Бекки Уотсон ар бир жумада биз Биллеркеядан алып келген жаш сулуу кыз эле. Биздин клубдун мүчөлөрү барган сайын көбөйүп жатты, ошондуктан биз балдар менен өспүрүмдөрдү алып келүү үчүн микроавтобус менен бирге эки жеңил машина менен чыга турган болдук. Бир жолу кечинде оюн башталаар алдында мен Беккиге киргенди унутуп калганымды түшүндүм. Өзүмдүн жардамчыларыма оюнду алып бара бергиле деп тапшырып, мен кетирген катамды оңдоого аракет кылдым. Өзүмдүн экстремалдык айдоомдогу машыкканыма таянып, жыйырма мүнөттүк жолду абдан кыска убакытта басып өттүм. Жакшысы Бекки эч жакка кетип кала элек экен. Ал тоңуп калса да мени күтүп туруптур. Ал кыз мени чын пейилден кечирди. Бул анын мүнөзүндө болчу. Машинада биз сүйлөшүп бараттык, мен андан түз эле сурадым: — Бекки, сен Ыйса Машайакка ишенесиңби? Чыңалган тынчтык өкүм сүрдү. Эч ким эч качан аны беттен алып, мындай суроо берген эмес. Ал алдын карап отурду, мен көзүмдү жолдон алган жокмун. Биз жыйындын унаа токтоткон жайына барганча үндөбөй келдик. Мен коопсуздук курун чечип, автомобилден түшүп жатканымда, Бекки күтүлбөгөн жерден: — Ооба! — деди. — Ооба? — дедим мен түшүнбөстөн. — Ооба, мен Ыйсага ишенем, — деди Бекки менин көзүмө карап. Анын сулуу жүзүндө жылмаюу пайда болду, көздөрү жанып турду. Ал кайрадан кайталап айтты: — Ооба, Тони. Эми мен Ыйсага ишенем. Мына ошол кезден тартып Бекки чарчабастан Машайак жөнүндө күбөлөндүрүп келет. Ошону менен бирге ал Кудайга менин автомобилимде сонун бир кечте жолуккандыгын айтат. А мен болсо ошол учурда ага тикелей суроо бергенге кайраттуулук тапканым үчүн кубанам. Бекки бүгүнкү күндө да мурдагыдай эле табигый жана жөнөкөй Жакшы Кабар таратат, ушул убакытка чейин менин шыктануумдун булагы болуп келет. Өз жүрөктөрүн Ыйсага ачып, Ал жөнүндө көп билгиси келген дагы көптөгөн башкалар да болушкан. Биз бул жаштарды шейшемби күндөрү Ыйык Китепти изилдеп окуу үчүн өз үйүбүзгө чакырып баштадык. Бош бөлмөлөрүбүз болбогондуктан уландар жана кыздар биздин конок бөлмөдө ондон — он бештен болуп чогулушчу. Кысылып отурушса да таарыныч жок. Жалпысынан айтканда, бул абдан сонун мезгил эле. Мындан сырткары менин коргоо структурасындагы иштерим өйдөлөп жатты. Мен дайыма алдыга карап, өз иштеримди атаандаштарымдан бир нече кадам мурун эсептеп койчумун, бул менин карьералык өсүшүмдү жана маянама мыкты кошумча болушун камсыз кылчу. Менин жүрөгүмдө али да Ыйсаны билбеген дүйнөлүк адамдар үчүн кам көрүү жашачу, бирок азыр артымды караганда менин рухий жашоомдун борбору ошол эле кезде ордунан тайып баштаганын түшүнөм. Сара экөөбүз биз Кудай үчүн дагы көбүрөөк курмандык кылышыбыз үчүн Кудай бизге көп берип жатат деп, өзүбүздү адашууга алып келе баштадык. А чындыгында баары тескерисинче болчу. Мен жумушта көпкө жоголуп кетип жаттым, бул аркылуу Сарадан, мени Кудай чакырган деп так түшүнгөн жыйындан жана кызматтан алыстай баштадым. Өзүм байкабастан туруп, азыр “өзүн өзү тынчтандыруунун торуна түшкөн машайакчы” деп атаган адамга айланып калдым. Бир аз жыл мурда эле мен мындай машайакчылар жөнүндө кескин жана жактырбаган түрдө сөз айтчумун, эми өзүм ошондой болуп калдым. Англияга келген учурдан тартып мен жыйындын бир бөлүгү болууну кыялданчумун. Түрмөдө отурганымда мен алгачкы Жыйын жөнүндөгү Жаңы Осуяттык окуяларды окуганымда азыркы учурдагы жыйындарды башкача элестетет элем. Кудай бул кубанычты мен башымдан өткөрүшүмө мүмкүндүк берди. Кипрдеги рухий тирилүүдөн кийин ишеними бирлердин арасындагы жашоо мага берилген сыйлык катары болгону шексиз. Бирок убакыт өтүп жатты жана мен барган жыйындар кайра-кайра менин көңүлүмдү калтырып жатты. Ооба, бир туугандар бири-бирин сүйүшү мүмкүн, саламдашып, ак көңүлдүк көрсөтүшү мүмкүн, бирок жалпы алганда алардын баарын көбүнчө өз иштери жана муктаждыктары кызыктырчу. Алар жакырлар, кыйналгандар жана муктаж болгондор үчүн сыйынышкандыр, бирок саналуу адамдар гана өз коомунун сыртында Жакшы Кабар айтууга каалоосу бар. Марктын Жакшы Кабарында (16:15) Ыйса Өзүнүн шакирттерине айтат: «Бүт дүйнөнү кыдырып, бардык адамдарга Жакшы Кабарды жарыя кылгыла». Ошол кезде Ыйсанын буйругу кандай болсо, бүгүнкү күндө да ошол бойдон кала берет. Бул буйрук бардык мезгилге берилген жана бардык машайакчыларга тийиштүү. Ошого карабастан мен бул буйрукту машайакчылардын көпчүлүгү аткарбай тургандыгын көрдүм. Кипрде кудуреттүү Кудай тарабынан куткарылган жана жогорудан төрөлгөн мен Ыйса Машайак жөнүндө чындыкты жашыра алган жокмун. Бул деген ракты айыктыра турган дары жасап, аны жашырып койгонго барабар. Мен үчүн Машайак жөнүндөгү Жакшы Кабар ушундай ачылыш болгон. Бирок менин бул жерде көргөнүм арзыбай турган нерсе эле! Куткарылуу суроосун ар бир адам олку-солку болбостон, кийинкиге калтырбастан, баарынан мурун чечип алышы керек. Мына эмне жөнүндө биз адамдарга айтышыбыз керек, бирок муну эстеген эч ким жок эле. Мен эмнеге айланада ушунчалык аз гана машайакчылар ушинтип ойлогонуна түшүнө алган жокмун. Алты же жети жыл өтпөй мен дагы ток жашоонун тузагына түшүп калдым. Мен өзүм баамдабастан рухий чөлгө кирип кеттим. Алдыда Сара экөөбүздү оор мезгилдер күтүп жатты. 1999-жылы Майк менен Элен Беркширге жакын жерге көчүп кетишти, ал жактан Майкка жакшы жумуш сунуш кылышкан. Жаштардын тобу адаттагыдай эле биздин үйдө чогулушчу, бирок биз Сара экөөбүз жыйындын жашоосуна аябай нааразы элек. “Мокрофт Холл” жыйынында биз менен тең эч ким жок эле, а биз болсо кыйла терең достук мамилени каалайт элек. Кудай биздин нааразычылыгыбызды түшүнгөнү шексиз, буга биз ишенебиз. Мага Фелтамда жумуш сунуш кылышканда, биз Ага сыйынууларыбызга жооп бергени үчүн ыраазычылык айттык. Менин кирешем кыйшаюусуз өсүп жатты жана бир нече убакыттан кийин биз мыкты райондордун биринен жаман эмес үй алдык. Биз кандай гана акылсыз болгонбуз! Артка кылчайып, мен Кудайдын кам көрүүсү чоң маянада жана мыкты үй-жайда эмес экендигин көрөм. Бул керектүү нерсенин баары ток жашоонун тузагы болгон экен. Кудайдын эрки менен биз Эссексте өз кызматыбызды таптык. Балдар бизге муктаж эле, а биз болсо аларды кароосуз калтырып койдук. Ооба, биз балдар менен иштөөнү жергиликтүү жыйындын мүчөлөрүнө бөлүштүрүп, балдар үчүн алар кам көрөт деп бекем ишендик, бирок өзүбүз Кудайдын эмес, өз жолубуз менен кеттик. Аттигинай, эгер биз муну ошол мегилде түшүнсөк кана! Көчөөрдөн эки жума мурун мени штат кыскартылганына байланыштуу иштен бошотту. “Бул эмне? Кудайдын оюбу?” — деп мен суроо бере баштадым. Бирок менде толугу менен жакшы резюме болгондуктан тез эле кайра баары жайында болоорун билдим. Чындап эле, бир нече жумадан кийин кайсы-бир жерде эмес, Лондондун борборунда жайгашкан коопсуздукту камсыз кылуучу бир компаниянын коммерциялык директору болуп жумушка орноштум. Мындан көп өтпөй Сара биз балалуу боло турганыбыз жөнүндөгү кабар менен мени кубандырды. Жашоо керемет эле. Биз кайсы жер керек болсо ошол жерге келдик, туура жолдо баратабыз деп так ишенчүбүз жана бул жай биз көңүл бура турган жер деп ойлочубуз. Жакшы Кабардык машайакчылардын жергиликтүү коомунда мага жаштар менен иштешкен кайтаруучунун ордун сунуш кылышты, мен өспүрүмдөрдөн топ түзө баштадым. Кээ бир ишенүүчүлөр менен өтө жагымсыз кагылышуулар болду. — Менин оюмча, алардын килемдерин балдар жыртылгыча оюп ташташат деп тынчсызданышат, — деп Сара менен сүйлөшүүмдө байкадым. Мен өзүмө аларга эч качан макул болбойм деп ант бердим. Мен аларды иштер менен уятка калтырам, жыйында эмне болуш керек жана эмне кылыш керектигин аларга жөн гана көрсөтөм. Бир нече ай куштай болуп учуп өттү, жыйында гүлдөгөн жаштар клубу уюшулду. Чынында клубдун иштерине кызыккан өспүрүмдөр жыйынга өздөрү эле эмес, өздөрүнүн достору менен келе башташты. Муну жыйында байкабай коюшкан жок. Баары бир жыйынга келгендерге Жакшы Кабар таратуу каалоосу бир аз да пайда болгон жок. Буга карабастан мен өз ишимди уланта бердим жана чечкиндүүлүк менен иш жасадым. Жакшы Кабар таратуу Ыйсанын буйругу, мен Жакшы Кабар таратам, жалгызбы же бирөө менен биргеби — бул башка суроо. Азыр мен башкаларды үйрөтүүдөн мурун, өзүмдүн жакшы каалоолорума таянбастан, өзүм үйрөнүшүм керектигин түшүнөм. Мен ошол кезде Кудай эми менин эмгегиме бата бербей калганын билген эмесмин. Бир жолу 2000-жылы марттын башында, дүйшөмбү күнү кечинде бизге жаштар тобунан бир жаш улан келди. Биз аны менен сүйлөштүк, анын мектептеги маселелери үчүн сыйындык, андан кийин караңгы кирип калганда мен аны үйүнө жеткирип койдум. Кайра кайткан кезде үйгө тамак заказ кылуу үчүн мен кытай ресторанына кирдим. Абдан оор күн болду, мен чарчадым. Көп эмес муздак жаан жаап жатты, тамчылар терезени акырын черткилеп жатты. Күүгүм коюулана баштады, мен машинаны өтө этияттап айдап бараттым. Өткөн айларда менде бир нече болбогон жол кырсыктары болгон. Мен рулда көп эле убакыт жүрдүм, жумушка барып келчүмүн, кечинде балдарды үйлөрүнө жеткирчүмүн. Өнөкөт чарчоо мени башкара баштады. Мен машина менен жарыгы жок айылдын жолунда бараттым. Бул жайларда дайыма көптөгөн бугулар болчу. “Спидометрге кара”, — деп мен өзүмө эскерттим. Бугуну сүзүп кетүү эле жетишпей турабы! Кандайдыр-бир көз ирмемде мен аялдаманын эскертүүчү белгисин байкабай калдым. Мен байкаганга чейин жолдун кайчылашкан жерине келип калганымды түшүндүм. Менин алдымда коркутуучу кызыл түс жанганда, мен кескин тормозду бастым. Дөңгөлөктөр айланбай калды, автомобиль сүрүлүп кетти. Бактыга жараша, башкы жол бош экен. Кандайдыр-бир транспорттук каражаттын эч кандай жарыгы, эч кандай үн чыгаруучу белгиси жок эле. Автомобиль каршы тилкеге чыгып кетти. Эмне болуп кетти? Мен тормоздогондо алдыда, автомобилдин оң жагында бирдеме четке ыргып кеткендей болду. Мен бирдеме урулганын сездим, чынында ал алсыз эле болчу, бирок мени коркутуу үчүн жетиштүү эле. Мүмкүн, кандайдыр-бир жаныбар чыгаар. Мен караганы сыртка чыктым. Алдыңкы фара талкаланыптыр, башка эч нерсе жок. Мен жолду карадым. Ал бош экен. Мүмкүн, ал бугунун баласыдыр же түлкүдүр. Эмне гана болбосун, ал токойго жашынып калды. Автомобилге кайтып, мен бир нече метр аркага, кайчылаш жолго чейин келдим. Ал жактан да мен эч нерсени көргөн жокмун, бирок кандайдыр-бир тынчсыздануу сезими мени калтырган жок. Бир топ убакыт мен рулду кучактап отурдум. Кайчылаш жолдон алыс эмес жолдун четинде башка эки машина турган. Эч ким ал жактан чыккан жок. “Мүмкүн алар дагы ошол жаныбардын айынан токтоп калышкандыр”, — деп ойлодум. Мен эмне кылууну билген жокмун. Идиштеги тамак муздап калды. Мен өзүмө кезектеги жолдогу көңүл бурбастыгым үчүн капаландым. Аны талкуулап отуруунун кажети жок эле. Айрыкча жараланган жаныбардын айынан. Мен газды бастым да, башка жол менен үйгө кайттым. Ал окуя жөнүндө башка эстеген жокмун. Кийинки ишембиде бизге жаштар тобунан өспүрүмдөр келишти. Кезектеги Ыйык Китептик сабак жана ланч пландаштырылган эле. Балдар биринин артынан бири конок бөлмөгө кирип жатышты. — Эй, Тони, сенин машинаң менен эмне болгон? Бандиттердин огубу? — тамашалай сурады Том креслого отура. Том өтө кумарданган радиосүйүүчү болчу жана криминалистикага кызыкчу. Ал дайыма бардык полициялык жаңылыктарды укчу жана жергиликтүү детективдердин жумуштары жөнүндө гезиттик кабарларды окучу. — Сен билесиңби, полиция сеникине окшогон машинаны издеп жүрөт, — деди ал күлүмсүрөп. — Сен эмнени айтып жатасың? — күтүлбөгөн жерден кызыга сурадым. — Дүйшөмбү күнү кечинде бир аял машинага урунуптур. — Том сүйлөп жатты, а менин далым муздай баштады. — Кайсы жерде болуптур? — бир кыйла кысылбай сурадым. — Брэкнелл-роудда. Аял мотоциклде экен эле. Айдоочу болсо токтоп да койбоптур. Мен өзүмдү жаман сезе баштадым. — Жакшы, изилдөө кандай жүрүп жатканын кийин айтып бересиң, — деп тамашаладым, а ичимде болсо баары муздап жатты. Мен балдардын баары үйлөргө кеткен убакытты чыдамсыздык менен күттүм. — Эмне болду? — деп сурады Сара тынчы кетип, биз акыркы конокту узаткандан кийин. — Сен сабакты ушунча тез бүтөсүң деп ойлогон жок элем. Мен башымды мыкчый диванга отура кеттим. Эми Сара тамашасыз эле тынчсыздана баштады. — Эй, дос, эмне болду? Сен кокусунан ооруп калган жоксуңбу? — кыйкырып жиберди ал. — Мен бир нерсени сенин алдыңда моюнга алышым керек, — деп көзүмө жаш толо жана бай теректин жалбырагындай дирилдеп жооп бердим. Мен Сарага жол кырсыгы жөнүндө, мен кандайдыр-бир жаныбарды сүзгөндөй болгонум жөнүндө, Томдун өлгөн аялды айтканы жөнүндө айтып бердим. — Эмне үчүн сен экөө тең бир окуя деп эсептеп жатасың? — деп сурады Сара бүт күчү менен өзүн кармаганга аракет кыла. — Башкача болушу мүмкүн эмес. Ошол убакыт, ошол эле жер. Менден бөлөк дагы ким болушу мүмкүн? — Эмне үчүн сен бул жөнүндө айткан эмессиң? — Мен олуттуу бирдеме болду деп ойлогон эмесмин. — Бирок сен машина бирдемеге урунганын сезбей койбойт элең да, туурабы? — Ошондой бирдеме болгон. Мен жаныбар жөнүндө ойлодум. Өзүң деле карасаң, бир гана алдыңкы фара талкаланган. — Эми эмне болот? — деп сурады Сара үшкүрө. Эми ал да дүрбөлөңгө түштү. Мен өзүмдү тынчтандырыш үчүн жана мээмди иштетүү үчүн бөлмөдө ары-бери баса баштадым. — Жакшысы баарын ачык билгенге чейин эч нерсе кылбаш керек... — дедим мен. Сара окула элек гезиттердин тобун аңтара баштады. Брэкнелл-роуддагы кайгылуу окуя жөнүндөгү статьяны көрүп, ал кыйкырып жибербеш үчүн оозун жаба калды. — Жок! — мен гезитти жулуп алдым. Ал жерде болгон окуянын баары жазылыптыр. Дүйшөмбү күнү кечинде, саат тогуз жарымдарда, Брэкнелл-роудда белгисиз автомобиль кайчылашкан жолдон өтүп бараткан мотоциклди уруп кеткен. Мотоциклдин рулунда отурган аял бадалдын арасына учуп кеткен, кийинчерээк кайтыш болгон. Ал бойскауттардын жергиликтүү отрядынын жетекчиси жана эки баланын энеси болгон. Ошол кырсык туш келген күнү ал үйүнө чогулуштан кайтып келе жаткан. Андан кийин гезитте таанылбаган автомобиль кылмыш ордунан качып кеткендиги, эми детективдер кылмышкерди табууга үмүттөнгөндөрү тууралуу жазылыптыр. Мен токтоно албай калчылдап жаттым. Сара биздин балабызды коргогондой болуп, ичин кучактай ыйлап жатты. — Эгер мен ал аялды сүзүп кеткен болсом, анда мени түрмөгө отургузушат... — дедим. — Бирок бул болгону бактысыз окуя, күтүлбөгөн кокустук! — кыйкырды Сара. — Аял кайтыш болду! — кайгыруу менен мен кыйкырдым. — Кокустукпу, кокустук эмеспи, мени баары бир отургузушат. — А балачы? — бышактады Сара. — Биз эмне кылабыз? Биз Кудай мени кайрадан түрмөгө жөнөтүүнү каалабай тургандыгы жөнүндө талкуулап, түнгө чейин сүйлөштүк. Ал бизди куткара тургандыгы боло турган иш! Биз бирге көпкө сыйындык. “Теңир Ыйса! Бизди куткар жана сакта”. Биз Кудайдан сурандык, бирок биздин суранычтар аянычтуу эле. Биз Кудайдан Ал Өзүнүн эркин эмес, биздин эркибизди аткаруусун сурандык. Биз туура эмес элек, асман үндөбөдү. Биз эч нерсе кылбайбыз деп чечтик. Бир нече күндөн кийин биз автосервиске автомобилди таштадык. Механикти мен унаа токтогон жерде машинама зыян келтиришти деп алдап койдум. Автосервистен оңдоп бүткөнчө деп бизге башка машина беришти. Мен Сараны иштеген мектепке алып бардым. Бир аз жылганымда, күзгүдөн кандайдыр-бир велосипеддеги полиция кызматкери токтоп, аны менен сүйлөшкөнүн көрдүм. Кайтканга туура келди. Мен Сарага караганда да көбүрөөк тынчсыздандым окшойт. Ал бул полисменди тааныйт экен. Анын баласы Саранын классында окуйт экен. — Силердин машинаңарга эмне болду? — деп сурады ал Сарадан, мен аларга жакын келгенде. — Мен аны автосервисте калтырдым, — деп жооп бердим. — Эң сонун, — деди полиция кызматкери жылмая. — Азыр бизде силердикине окшогон машина изделүүдө. Райондо мындай беш жүзгө жакын машина катталган. Алардын бири жол кырсыгына учураган, бир адам өлгөн. “Сара өзүн кармаса экен”, — деп абдан тынчсыздануу менен ойлоп жаттым. Бактыга жараша, полисмен бат эле өзүнүн иштери менен жөнөп кетти. Бул жолугушуудан кийн мен телефондук справочникти каза баштадым. Мен чоң балакетке кабылганымды түшүндүм. Биз адвокатка муктаж элек. Эртеси күнү таң ата электе эле биздин эшигибизди катуу каккылашты. Мен ордуман ыргып туруп, төмөн көздөй жөнөдүм. Эшикти ачканымда кире беришке толтура полиция кызматкерлери иттери менен кирип келишти. Бопбоз болуп коркуп кеткен Сара тепкичтен көрүндү. Алар камакка алууга болгон ордерди бизге көрсөтүштү, андан кийин үйдү тинтүү үчүн ишке киришишти. Биздин таштанды салынган чакаларбыздан өйдө тинтишти, өздөрү менен алып кетүү үчүн компьютерди өчүрүштү. Сара үндөгөн жок. Сара экөөбүздү эки бөлөк машинага салып кеткенче кошуналарыбыздын терезе пардалары кыймылдап жатты. Менин делебем козголду. Аттигинай, мен эмне кылып койдум! Мындай чатактуу бир ишти баштап койдум! Эми аны кантип бүтүрөм? Сара менен эмне болот? Ал мунун баарын кантип көтөрөт? Полиция бөлүмүндө экөөбүздү өзүнчө отургузушту жана ар башка бөлмөдө суракка алышты. Биз баарын батыраак, болгонун болгондой эле айтып берүүнү кааладык. Эч кандай жалган кошпой! Биз экөөбүз тең бул коркунучтуу окуянын майда-чүйдөсүнө чейин кайгыруу менен айтып берүүгө аракеттендик. Бирок сурак мени коркуткан жок. Мен өлгүм келди. Мен өлүп калган аял жөнүндө гана ойлоп жаттым. Жакшы кабарчы катары мен адамдарга Ыйса жаңы өмүр бериши үчүн, аларды Ага алып келүүгө чакырылганмын. А эмне болду? Мен мага белгисиз болгон айыпсыз аялдын өлүмүнө себепкер болгон деңгээлге түштүм. Мен сыяктуу эле, ал жаштар менен болгон чогулуштан кийин үйүнө бараткан. Үйүндө эки баласы бар болчу. Эгер ал машайакчы болбосочу? Бул деген мен аны түбөлүк өмүргө ээ боло турган мүмкүнчүлүктөн ажыраттым дегенди билдирет! Мен Кудайдан асмандагы менин ордумду ага берип, ал эми мени тозоктун түпкүрүнө таштоосун суранып жаттым. Эгер аны тирилтүүгө мүмкүн болсо, анда мен өз жанымды бермекмин. “Мага Өз көзүңдү бурчу, Теңирим, мени тозокко түшүр” — деп Кудайдан сурандым. Полицияда бизге боор оорушту. Ал жерде абалды туура баалаганга аракет кылышты. Соттук изилдөө менин ылдамдыкты жогорулатпагандыгымды көрсөттү, жамгыр жаап жаткандыктан жол тайгалак болгон, өлгөн аялдын мотоцикли белги берүүчү от менен камсыз кылынган эмес. Бирок булардын баары менин ичимди жылыткан жок. Кандай болбосун мен адамдын өмүрүн кыйдым, үй-бүлөдөгү кайгынын себеби болуп калдым. — Булардын баары менин аялыма эч кандай тийиштиги жок, — деп өтүндүм полиция кызматчысынан, — суранам, аны кое бериңиз. Мен Сарага мындай кырдаалда калуу абдан эле кыйын экендигин түшүнүп жаттым. Аны камагандарынын себеби, биздин машина анын атына катталган эле. Полициядагылардын ою боюнча, аны камоо болгон нерсенин баарын мен батыраак мойнума алуу үчүн курал болгон. — Мени угуңуз, бул болгону кокустан болгон кырсык, — деди мага сержант, бирок бул сөздөр мени эч кандай тынчтандыра алган жок. — Бардык күбөлөндүрүүлөр сиздин пайдаңыз үчүн айтылып жатат. Кылмыш изилдөө кызматы сизге ырайым кылат. Кайгыруу менен башымды чайкадым. Мага баары бир болчу. Мен жазаланышым керек. — Эгер бул аял өлбөгөндө, сот иши үчүн эч кандай негиз жок эле, — деп улантты сержант. — Эң коркунучтуусу, сизди айдоочунун укугунан ажыратат. Кийинки жумалар жана айлар өзүнөн өзү тозоктун сыноосундай эле болду. Адамдар менен болгон окуя жөнүндө сүйлөшүү жөнөкөй болгон жок. Бул окуяны эстеген ар бир учурда биз ооруну баштан өткөрүп жаттык. Биздин эң жакын досторубуз да болгон окуяны жарым-жартылай эле билишет болчу. Катуу соккуну жыйындан алдык. Биз өзүбүздү жыйындын мүчөлөрү менен болушунча чынчыл алып жүрчүбүз, бирок биз алардын сүйүүсүнө жана көмөгүнө ушунчалык муктаж болгон кезде, алар бизге артын салып коюшту. Жаштар менен иштеген кайтаруучунун кызматынан мени бошотуп, башка бир тууганга беришти. Бул мен үчүн артыман сайылган бычак болду. Мен бир туугандык кеңештин мындай чечимин түшүнүүгө аракет кылдым. Бул менин өзүм менен өзүмдүн азаптуу күрөшүүмө турду. Күн өткөн сайын абал кыйындай берди. Ушундай окуялар курчап турган кезде Сара уул төрөдү, анын атын биз Этан койдук. Менин өмүрүмдөгү кубанычтуу күндөрдүн бири эң эле кайгылуу абалдар менен капталып калды. Эгер баары менин соттолушум жана түрмө менен аяктай турган болсо эмне болот? Сара бала менен жалгыз кантет? Мага эң жакын болгон адамдарга эмне менен жардам бере алам? Биздин маанисиз түйшүктөнүүбүз жана шектенүүлөрүбүз жарым жылга созулду, акырында биз Лондондон кетүүнү чечтик. Өзүбүзгө Дидкоттон жай таптык, бирок ал жакта да көпкө турбадык. Жаңы төрөгөн Сара ата-энесине жакыныраак болууну каалады. Биз Эссекске кайтып келдик, ал жерде мен Саутэндеги багуусуз балдар үчүн болгон мекемелердин биринде жаштар үчүн рухий устат милдетин алдым. Анын директору Рон Райт мени менен жетиштүү түрдө чынчыл болду. Ал менин тергөөдө жүргөнүмдү билген, бирок ага Теңир жаштарга Жакшы Кабар айтууга жана кызмат кылууга болгон каалоо толгон менин жүрөгүмдү ачып берди. Толугу менен Рон менин жашоонун катуу мектебинен өтүү аркылуу, ал Кудайдын алдында жооп берген балдар менен жакшы мамиле түзө алышымды билди. Аны менен катар Кудай Сара экөөбүздү тизелетти. Ушинтип Машайактагы узакка созулган, оорулуу өсүү процесси жана Аны менен, бири-бирибиз менен болгон биздин байланышыбыздын бекемделүү процесси башталды. Ошол мезгилдеги окуялардын негизинде Сара өзүнүн келечегин көрө алды. А мага болсо Кудай түгөнбөгөн моюн сунуунун, баш ийүүнүн жана ырайым кылуунун сабактарын берди. Мен көп жыл бою Жакшы Кабар таратуудагы зор каалоо менен алдыга умтулуп келгенимди, өзүмдүн жеке пландарым менен башкарылганымды түшүндүм. Мен Кудайга орун бербептирмин, Ага кандай керек болсо, ошондой кылып мени колдонуусуна тоскоол болуптурмун. Мен өтө эле көп өзүмө ишениптирмин жана оңой эле менин оюм боюнча Кудайдын ишенимин аткарбаган башкаларды соттоптурмун. Мына эми гана кандай тайгалак жолдо болгонумду түшүнүп жатам. Биздин мамилелешүүбүздүн тарыхында биринчи жолу биз Сара экөөбүз чын дилибизден чогуу сыйына баштадык. Биздин сыйынууларыбыздын темасы жана мазмуну өзгөрүлдү. Булар эми Кудай бизге жакшы кылсын деп сыйынган өзүмчүл сыйынуулар эмес эле. Эми биз толугу менен өзүбүздү Анын колуна бердик жана Ал бизге Анын ойлорун жана максаттарын түшүнүп жана кабыл алышыбыз үчүн бизге ырайым кылышын сурандык. Кудайдын алдында Саранын көп жыл жүргөнүнө карабастан, менин Кипрдеги түрмөдөгү таң калтыра турган Кудайды таануу тажрыйбама карабастан, биз экөөбүз тең Кудай менен болгон мамилебиздин эң төмөнкү тепкичинде болуп калдык. Ар бир айда биздин ишибиз боюнча соттук каралуу болуп жатты. Ар бир жолу жаңы абалдар чыгып жатты. Биз регулярдуу түрдө адвокат менен жолугушуп жаттык. Сара мындай жолугушууларда чыдабай кетип жатты. Сот адилеттигинин бүт системасынын сатылгандыгы мени таң калтырган жок, бирок аны коркутуп жатты. Биздин ишибиз боюнча күбөлөр ачык эле жалган айтып жатышты, ал эми адвокаттар бизге чындыкка эч кандай байланышы жок нерсени айтуубузду насааттап жатышты. Мунун баары биздин бул иште жеңип чыгуубуз үчүн эле. Адвокаттан тартып прокурорго чейин баары сүйлөшүп, келишим түзүп жатышты. — Эмне үчүн баарын болгондой эле айтууга болбойт? — деп сурады Сара өзүнүн адвокатынан. Ал анын тажрыйбасыздыгынын үстүнөн күлүп гана койду. — Биз күнөө үстүнөн күнөө кошуп, ордубузда гана турабыз, — деди ал кайгыра мени карай. А мен өзүм эмне кылууну билген жокмун. Мен Сарадан калышпай ичимден бул системаны жек көрүп жаттым. — Мага дага бир ирет түшүндүрүңүзчү, — деп кайрылдым мен өз адвокатыма, — мени конкреттүү түрдө эмне үчүн айыптап жатышат. — Официалдуу айыптоо мындай: натыйжасы адам өлүмү менен бүткөн транспорттук каражатты кылдат эмес башкаруу жана сот адилеттигини жүрүшүн бузуу максатындагы иш-аракеттер, — деп жооп берди ал мага. — Акыркысы сиз велосипед менен келген полиция кызматкерине жалган айтканыңыз менен байланыштуу, — деп кошумчалады. — Ошондой эле акыркы эки айыптоо жетишерлик негизсиз болгонуна карабастан, прокурор сизди окуя болгон жерде калбагандыгыңыз үчүн жана күтүлбөгөн кырсык жөнүндө кабар бербегендигиңиз үчүн айыптайт. Мен айла түгөнгөндүктөн манжаларымды кыстым. — Бирок бул нормалдуу айыптоо, Тони, жок дегенде үмүт бар, — деди адвокат. — Узак убакытка түрмөгө камоо өкүмү чыгышы мүмкүн. Эч болбогондо, өлүмгө өкүм чыгарбайт. — А Сара менен эмне болот? — деп сурадым ичим муздай. Эки адвокат сүйлөшүп, андан кийин мага кайрылып, Саранын адвокаты айтты: — Эгер сиз билип туруп эле тергөөнү адашууга алып келгениңизди мойнуңузга алсаңыз, ал жоопкерчиликтен бошонот. Мен ишенем, аны акташат. — Ал чынында эле эч кимге жалган айткан жок,— дедим мен. — Мен алдагамын. Сара бир сөз айткан эмес, — дедим мен кошумчалай, өзүмдүн айткандарымдын болбогон сөз экенин билип. Адвокаттар өздөрүнүн кагаздарын чукулай башташты. — А бул полисмен, толугу менен тескерисин айтып жатат, — деди алардын бирөөсү. — Ал Сарадан автомобили ошол күнү кайда турганын сураган кезде, ал аны адаштырганын айткан. Бул сөздөр айтылганда Сара алдыңкы эринин тиштеп туруп калды. Адвокат анын колун сылады. — Тынчсызданбаңыз, Сара, мен бул жөнүндө сотто айтат деп ойлобойм. Сиздин абийириңиз таза, ошондуктан эч кандай маселе болбойт. Биз үндөбөстөн мүнөттөй отуруп калдык. — Тони, дагы бир нерсе бар... — деди үнүн акырын чыгарып адвокат. — Бул нерсени көңүлгө албай коюуга болот, бирок сиз билип коюшуңуз керек. Мен анын эмне айтарын билдим. Бул инцидент бир нече жума мурун болгон эле. Мен кескин түрдө толкунданганымдан жана уяттан өзүмө келе элек болчумун. Биздин компаниянын жогорку чоң мансаптагы клиенттеринин бири менден анын жумуштары боюнча Лондондогу грек ресторандарынын биринде жолугушуу уюштуруп берүүмдү суранган. Мен ал жакка алдын-ала орунду ээлеп коюу үчүн коңгуроо кылганымда, орой, кекирейген адам менен сүйлөшүүмө туура келди. — Мен эртең кечкиге алты орунду резерв кылууну каалайм, — дедим мен. — Бул мүмкүнбү? — Албетте, мүмкүн, — деген жооп болду, — сиздин эсиңизге салып коеюн, бизде бул жерде ресторан! Мындай реакцияга айран калуу менен мен уланттым. — Мага өтө маанилүү адамды коргоону камсыз кылуу тапшырылган, — дедим мен. — Мага эң мыкты үстөлдү алып кое аласызбы? — Бизде бардык үстөлдөр мыкты, — деди орой сымдын аркы учунда жана мурдуна солой мындай деп кошумчулады: Malagas![25] — Эмне дедиң? — Бизде бардык үстөлдөр мыкты дедим. — Мен уктум, сенин эмне дегениңди. Сен, чалдыбары чыккан Malagas, мен грекче билем жана азыр эле сен мени тилдегениңди билем. — Ай, сен түрү суук! Сен мени өзүңдүн келесоо суроолоруң менен чарчаттың, бар, каалаган жагыңа! — деди ал кызуулана. Менин айран-таң калуум ачуу менен алмашты. Ал көптөн бери менде топтолуп келген, эми жинге окшоп сыртка чыкты. Менден тандалган грекче тилдөөлөрдүн толкундуу агымы атырылып жатты. Сөз менен айтканда мен акылдан адашкандай болдум. Машайактагы эркиндикте көп жыл болбогондой, мен кайрадан мурдагы Тони болуп калдым. Мен аны ар кандай эң жаман кир жана уят сөздөр менен кордодум. Кайгылуу ошол жол кырсыгынан бери топтолгон бүт чыңалуу менин ачуум аркылуу чыгуу жолун тапты. Акырында мен телефондун туткасын аппаратка ыргытып жибердим. Ошол замат коңгуроо болду. Мен кайрадан ошол орой немеге асыла баштадым. Коңгуроо кылган так ошол эле. Кайрадан тилдеген сөздөр, кордоолор, коркуту-үркүтүүлөр кетти. Ал тигил жактан тутканы кое салды. Анан мендеги кайнаган каар менен кайрадан ага өзүм коңгуроо кылдым. Ошол замат үзүлүп калды. Кийинки коңгуроо полициядан эле. Орой неме мени жеткириптир. Менин адвокатым мага кандайдыр-бир документти тапшырды. — Тони, сиздин үстүңүздөн төмөнкүдөй мазмундагы арыз жазылыптыр... Менин жүрөгүм абдан ооруду жана уялдым, көз ирмемге Сараны карадым. — Мен түшүнөм, сиздин көз карашыңыз боюнча бул болбогон нерседир, бирок мындай сапаттагы айыптоолор белгилүү өлчөмдө жол кырсыгына байланыштуу негизги нерсени ырбатат. Мен отургучтан ыргып турдум. Баары баш аламан болуп жатты. Бирок мен мурдагыдай эле өлүп калган байкуш аял жөнүндө, жетим калган анын балдары жөнүндө ойлоп жаттым. Сот 2001-жылдын июнь айынын биринчи күнүндө болду. Сот ишинин алдында биз кыскача адвокаттарыбыз менен сүйлөштүк. Алар экөө тең өздөрүн ишеничтүү кармашты, бирок мен өзүмдү оорулуу сезип жаттым жана кыжырданып турдум. — Болбогон нерсе үчүн тынчсызданбаңыз, — байкады менин адвокатым. — Баары жакшы болот. Мен сизге убада берем, сиз айдоочулук укугуңуздан ажырайсыз жана коомго пайдалуу эмгек же шарттуу мөөнөт менен кутуласыз. Биз Сара экөөбүз биздин ишибизди соттолуучулардын орунунда отуруп уктук. Бир саатка чамалай сот жыйынтык чыгара баштады, бирок эң башында адвокаттар менен бирге толтура ар кандай кошумча майда-чүйдөлөрдү талкуулады. Мен тынчсыздана баштадым. Эмне болуп жатат? Аягында сот менин ишим боюнча өкүм чыгара турган сот чогулушу дагы изилдөө керектигине байланыштуу башка убакка жылы турганын жарыялады. Мен Сарага карадым. Ал да мага окшоп айран-таң калып жатты. Жеңил жылмайып, ал менин колумду кысты. Анын жүзү кумсарган жана өтө чарчаган абалда эле. Мен аны канчалык кыйнадым? Ал мени ушундай азапка салганымды кечиреби? — Сара Энтони, ордуңуздан туруңуз, — деди сот. Сара турду, мен анын тизелери калчылдап жатканын байкадым. Менин демим чыкпай калды. Сот аны болгон жол кырсыгы тууралуу окуяны уккандан кийин ошол замат полицияга кабар бербегендиги үчүн айыптады. Сара үндөбөй баш ийкеди. Ал келишимдүү жана күчтүү бойдон турду, бирок мен анын манжалары кубарып, калтыраган бойдон соттолуучулардын ордун бөлүп турган тосмону кармап турганын көрдүм. Мен абдан жаман алсыздыкты сездим. — Сизге жүз жыйырма саат коомго пайдалуу эмгек кылууга өкүм чыкты, — деп бүтүрдү сот. — Отуруңуз. Сара көзүнөн жашы куюлган бойдон отургучтун жөлөнгүчүнө сөйөнө отурду. Ал өзүн карманганын токтоткон жок, мен өз жүрөгүмдө ачуу жана маң болуунун ортосунда күрөшүп жаттым. Мен анын адвокатына жемелей карадым. Ал эмнеге мындай болгонун түшүнбөйм дегендей баш чайкады. Биздин ишибиз боюнча кийинки сот иши 29-июнда болду. Сара өз өкүмүн мурунку чогулушта уккандыктан атайын элге көрүнбөгөн күңүрт айнектин артында отурушу керек эле. Соттолуучулардын орундугунда мен жалгыз отурдум. Айнек менен бөлүнгөн жакты карап мен Сараны көрө албадым, бирок ал ошол жакта экендигин билгендигим мага көмөк берди. Кокусунан тосмонун ары жагынан кимдир-бирөөнүн жүзүн көрдүм. Аны карап тааныдым. Мен аны мурун көргөнмүн. Бул адам ар бир каралууда катышкан. Бул жаш жигит он сегиз жаштардагы, кыска кырктырылган кара чачтуу жана коркок көздүү эле. Ал көз карашы менен мени теше тиктеди. Мен андан көзүмдү башка жакка бурдум, тамагыма бирдеме тыгылып калгандай болду. Балким, бул кайтыш болгон аялдын уулудур. Мен аны жетим калтырдымбы? Айнектин артындагы жүз жок болду. Андан кийин башка жүз пайда болду. Ал кичине кыз эле. Мен ал тарапка карай алган жокмун. Мени ичимден сыртка аңтарып салгандай болдум. Эгер менин адвокатым ишене турган болсо, мен бул жерден акталып чыгам. Бирок мен эч качан тынчтана албайм жана күнөөлүү сезимден бошоно албайм. Мен эч качан ал жигитти унута албайм. Сот иши башталды, адвокаттар болбогон иш менен убара болгондой сезилди. Айтылгандардын баарын сот укту. Мени коргоочумдун сүйлөгөнү кыжырдантты. Ал жөн гана өзүнүн ишин аткарды, бирок соттун алдында мени айыпсыз козудай кылып көрсөткөндүгү үчүн аны мен жек көрүп жаттым. Мен күңүрт айнектин ары жагындагы балдар жөнүндө ойлонуп жаттым. Эч ким менин күнөөмдүн оордугун жана жүрөгүмдүн тытылып жатканын түшүнө албайт. Андан кийин прокурор сөз сүйлөдү. Бул жолу ал Интерполдон[26] алынган маалыматты окуду, мен мурун Кипрде түрмөдө өз мөөнөтүмдү отуруп чыкканым жөнүндөгү далилди айтты. Бул менин адвокатым тарабынан ошол замат каршылыкты пайда кылды. — Бул азыркы ишке эч кандай тиешеси жок, улуу урматтуу, — деп кошумчалады ал. Анын каршылыгы сот тарабынан четке кагылды, ал отурууга туура келди. Каралуу уланып жатты. Мен алардын айткандарын уккан да жокмун. Болуп өткөн нерсенин баары мен үчүн реалдуу эместей туюлду. Мен Кудайдын алдында күнөөлүү элем жана өлгүм келди. Өкүмдү окуп баштаган кезде сот иши болуп жаткан залда тынчтанып калышты, кээ бирөөлөрдүн гана бышактап ыйлаганы угулду. Мага он беш айга түрмөгө камалууга өкүм чыгарышты. 15-бөлүм Полициянын кара автофургону Оксфордширдин мейкиндиги менен зуулдап баратты. Менин колумда кол кишени бар эле, ошондуктан мен тар, темир тор менен бөлүнгөн жайда тиземди кучактап отурганга туура келди. Уят жана сарсанаа болгонум мени чырмап жатты. Мен ким болуп калдым? Эгер азыр мени Майкл Райт көрсө эмне деп ойломок? Башымда бир ырдын сөздөрү эрксизден келип, жаңырып жатты. Бул “Менин күнөөмдү эмне жууй алат?” деген гимн эле. Бул гимндин: “Күнөөдөн рухту кун төлөп куткарат — о, бир гана Ыйсанын каны” деген сабынын терең мааниси жөнүндө ойлонуп баштадым. Мен бул гимнди жүрөгүмдө ыраазычылык менен ырдаган мезгилимди эстедим. Анын ар бир сабы мен үчүн жаңырчу: Менин күнөөмдү эмне жууй алат? Бир гана Ыйсанын каны. Кайрадан мени эмне айыктырат? Бир гана Ыйсанын каны. Мени жууган суу агымындай! Ал деңизден да күчтүү. Бир гана Ыйсанын каны! Бул гимндин сөздөрүнүн акыйкаттыгы жүрөктүн түпкүрүнө чейин жетет. Көз жашым моюндан ылдый агып жатты. Мен түшүнүп билген жашоомдун жылдарын кайрадан карап чыктым. Мен Кудай куткарган жана сактаган күнөөкөр элем. Мен буга татыксыз болчумун. Эми мен баарын жоготтум. Мени менен Кудай эмне кылгандыгын эми айта албайм, мен Ыйса Машайак жөнүндө күбөлөндүрүүгө сөз таба албай жаттым. Эми кайрадан Кудайдын куралы болом деп күтүүгө болобу? Мен Ал жөнүндө айтпайын деп чечтим. Өзүм эч качан Кудайдан көңүлүм калбайт. Ал мен үчүн төгүндөлбөгөн чындык бойдон калат. Бирок Ыйса Машайактын атын атоого эми мен татыксызмын. Башымды көтөрүп мен башка соттолгон адамды көрдүм. Автофургондо камакка калгандардан экөөбүз эле экенбиз, мен жана ал. Бул кашына чоң шакек тагып алган, чачы такыр алынган жигит эле. Ал мага жылмайды. Анын жылмаюусу тынчсызданба, дос, сен баарын жеңип өтөсүң дегендей болду. Ал эч нерсени түшүнгөн жок. Түрмө мени тынчсыздандырган жок. Мен кандай гана түрмө болсун жашап кетем. Никосиядан кийин Баллингдондогу пенитенциардык имарат мага курорттой эле сезилди. Бирок менин өзүмдүн түрмөм бар эле. Темир тордун артында уят жана айыптын айынан эзилген менин абийирим калды. Мындан да жаман абал менде эч качан болгон эмес. Баллингдондогу түрмө жакынкы сегиз айдын ичинде менин үйүм болушу керек. Киргендеги бардык керектүү формалдуу нерселердин баарын мен абдан жайбаракат, тынч басып өттүм. Жеке кароо, сүрөткө түшүү, манжалардын бармак тактары. Булардын баары жүрөккө тийгидей тааныш. Бул жерде, Баллингдондо жарык жана эч кандай сасык жыттар жок эле, Никосиянын казематтарына салыштырып болбойт. Мен эки камалган адам менен бир камерага туш келдим. Түрмөдөгүлөр мага иштин чоо-жайын айтып башташканда, камерадагы көптөн бери жашап калгандар өздөрүнүн арыз-муңун жана талаптарын айта башташты. — Бул камера эмес, а жуунду төгүүчү чуңкур, — деп бирөө уруша баштады. — Бизге качан телевизор коюп беришет? Жарым ай мурун убада кылышпады беле! Экөөнөн тең мен жийиркендим. Алар, мүмкүн, эс алуудабыз деп ойлоп жатышабы? Ооба, бул түрмө эмес! Никосия менен салыштырганда бул жер бала бакча. Блокту аралай мен зэктердин бильярд жана үстөлдүк теннис ойноп жатканын көрдүм. Бул жерде компьютерлер, телевизорлор, бардык ыңгайлуулуктар бар экен. Мен өзүмдүн керебетиме чыктым. Ал өтө кенен болбосо да, бул жерде таптаза болгон матрац жана төшөк бар экен. Мен Сара жана Этан жөнүндө ойлонууга батына албадым. Эми Сара мени жек көрүп калышы керек. Мен өзүм аны менен эмне кылганымды ойлосом өзүмдү жек көрүп жаттым. Мен деги кандай күйөөмүн! Ушунча нерседен кийин кандай ата болом! Менин уулум үчүн бул өмүр бою кала турган так болуп калышы мүмкүн. Сара мага күн сайын жазып жатты. Менин Ыйык Китебимди жана бир нече башка китептерди берип жибериптир. Ал мени каттарында шыктандырып жатты, бирок ага жакшы болушу үчүн мен аны менен жолуккум келген жок. Сара чыккан өкүм боюнча жергиликтүү кайрымдуулук дүкөнүндө иштеп баштаптыр[27]. Ага бала менен жалгыз болгондуктан кыйын эле болду, бирок ал эч качан арыз-муңун айткан жок. Этан менен бирге ал ата-энесикинде жашап турду, бирок кымбат эмес ижарага үй издеп жатты. Бул жөнөкөй нерсе эмес эле. Мен түрмөдө отургандыктан мамлекет ага жалгыз бой эне катары жакшы акчалай жардам берип жатты, бирок баары бир жакын айланадагы үйлөр анын чөнтөгүнө дал келбейт эле. Мен биздин Эссекстеги иштеген биринчи жылдардагы бир нече үй-бүлөнү эске түшүрдүм жана ага экөө үчүн маданий борбордон алыс кандайдыр-бир бөлмө туура келип калабы деп корктум. Жума артынан жума өтүп жатты, бирок мен өз ойлорума чөгүп кеткендиктен, Жакшы Кабар таратууну ойлогон жокмун. Менин “үлгүлүү жүрүш-турушум” жалгыз адам жашаган камера менен сыйланды. Эми мен салыштырмалуу тынчтык менен канааттанып жаттым. Баллингдондо эч качан тынч болбогондуктан, бул салыштырмалуу эле. Бирок баарынан коркунучтуусу традициялык эмес сексуалдык ориентациядагы соттолгондорду башкы блокко киргизип жиберген күндөр эле. Бул жумасына эки жолу болчу. Башка соттолгондордун баарын жаап салчу. Традициал эмес зэктерди түрмөдөгүлөрдүн баары жек көрчү. Алар педофилдер жана жашы жете электерди зордуктагандар эле. Жабылып коюлгандар үчүн мунун баары табияттарына туура келбейт чыгаар. Алардын ызы-чуусунан менин кулактарым тунуп калчу. Зэктер өздөрүнүн камераларынын эшиктерин такылдатышып, кулак тундура кыйкырышып, эмнени сындыра алса баарын сындырып, көп ызы-чууга кылганга аракет кылышчу, бул аркылуу бузулгандарга болгон өздөрүнүн жийиркенүүсүн көрсөтүшчү. — Эх, азыр ушул түрү сууктардын бири менен жекеме-жеке жолугушууга мүмкүнчүлүк беришсеби! — деп туталанып жатты Ленни, алаканын өз муштуму менен бир уруп. — Өткөндө мен жөнүндө да ушинтип айтышкан,— дедим мен. — Ой жок, сен бул акылсыз кемпайлардай эмессиң, — деди Ленни, ачуусу менен муштумун көрсөтө. — Окшошмун. Жалпысынан мен Ленни менен макулмун. Бул адамдар жөнүндө жана өзүмдүн уулум жөнүндө ойлогондо денем муздап кетти. Мындай адамдарга болгон жек көрүү мага түшүнүктүү эле. Бирок башка жагынан караганда бул бузулган адамдардан мен жана башка зэктер мыктыбызбы? Мындай көз караш менен макул болуу кыйын эле, бирок мен күнөө жөнүндөгү Ыйык Китептик окутууну билчүмүн — “баары күнөө кетирип, Кудай ээ кыла турган даңктан айрылып калышкан”. Мен бул жерде Майкл Райттын күнөөнү кардай ак болгон көйнөккө тамчылап калган кара сыяга салыштырган сөзүн эстеп кеттим. Сыянын тамчысы кичинекей болгону менен, эч кимди таарынтпай турган калп — көйнөктө кипкичинекей так калтырат, бул көйнөк таза деп саналбайт. Мындай көйнөктү сууга салсаң, сыя агып баарын булгайт. Мен өзүмдүн жаным тууралуу ойлондум. Азыр анда абдан чоң кара так бар! Камеранын темир торунан карап, мен Кипрде түрмөдө отурган мезгилге, Майклдын кээ бир акыл үйрөткөн сөздөрүнө оюмда бардым. “Күнөө менен күрөшүү эч качан дүйнөнүн колунан келбейт”,— деген анын бир сөзүн эстедим. Ал жолугушуу үчүн болгон бөлмөдөгү зэктерди карап туруп, ал колун шилтеди эле. — Биз күнөөнүн деңгээлин жана өлчөмүн аныктоого аракет кылабыз, өзүбүздөн жаман деп эсептегендерди камап салабыз. — Муну айтып жатканда эңкейип, үнүн акырын чыгарды. — Коом өзүнө бир кыйла адил көрүнгүсү келип, ушуга окшогон мекемелерде өзүнүн бузуктугун жашырат, Тони, — деди ал мага акыл айтып, — бирок Кудай бир күнөөкөр менен экинчисинен эч кандай айырманы көрбөйт. — Мен бийликтегилер менен курчаган чөйрө бизге жийиркенич катары карай турганына шектенбейм, — деп анын сөзүн ырастадым. — Ошону менен бирге биз баарыбыз бирибиз экинчибизден да жаман болгон күнөөкөрлөрбүз. — Ооба, Тони. Биз Кудай алдында так мына ушундайбыз. Биздин ар бирибиз, айырмасы жок — кылмышкерби же жокпу, Кудайдын көз алдында абдан жийиркеничтүүбүз, ошондуктан Андан бөлүнүп калганбыз. — Бирок андан кийин Ыйса келбедиби? — Сен негизгисин түшүндүң, — жылмайды Майкл. — Машайак Голгофада өлгөндө Ал Өзүнө бүт дүйнөнүн күнөөсүн алган, күнөөнүн бүт жүгүн — өтүп кеткенин, азыркысын жана келечектегисин көтөрдү. Ыйсанын так ушул жеңишинин негизинде биз кечирим ала алабыз. Биз өз күнөөлөрүбүз үчүн төлөөнүн же мөөнөттөн кутулуунун кереги жок. Ыйса баары үчүн төлөп койгон. Майклдын бул жөнүндө өзүнүн ирланддык акценти менен жандуу жана толкунданып айтканын эстеп мен жылмайып алдым. — Мына ошондуктан бүгүн сен мендей эле эркин адамсың, Тони, — деп жылмаюу менен айтты ал. Мен аны жакшы түшүнгөнүмдү ал билчү. Ошондо баары улуу мааниге ээ болгондой сезилген. Эркиндикте жүргөнгө караганда Кипрдеги түрмөдө машайакчы болуп жүрүү жеңил болгону таң калыштуу. Ошол кездеги менин каалаганымдын баары Машайак жөнүндө жакындарыма айтуу болчу. Анын баары качан өзгөрүлүп кетти? Бир жолу мен өз камерамда Ыйык Китеп окуп жатканымда мага Даррен Браун учкандай чуркап келди. Ал мени менен бирге Баллингдонго жеткирилген жигит эле. Ошол замат мен Ыйык Китепти жаздыктын алдына жашыра койдум. — А сен эмнени окуп жатасың? — деп сурады ал. — Өзгөчө эч нерсе деле эмес, — деп көңүлдөнбөстөн жооп бердим. Мен айткым келген жок. Даррен мен жаткан жерге талп деп отуруп, ыңгайлуу жайгашты. — “Өзгөчө эч нерсе эмес” деген эмнеси? — сурады ал. — Эмне, порнографиябы? Же дагы ушуга окшогон бирдемеби? Бул мени капа кылды. — Чынында бул Ыйык Китеп, мен жөн гана Ыйык Китепти окуйм, — дедим оройлоно. — Ыыы-ый-ыык Кии-теп-пиии? — деп созду Даррен. — Сен эмне динчил адамсыңбы, жанагы... машайакчы же дагы ким дегендердин бирисиңби? — Жок, мен эми машайакчы эмесмин, сага маалымат берип коеюн... Мен түрмөдө отурам. — Койсоңчу, тууган, баары ката кетиришет. — Бирок мага бул жөнүндө дайыма ойлоп жүрүшүм керек болчу. — Кана, сен өзүңдүн Ыйык Китебиңден эмнени окудуң? Кызыктуу бирдемеби? — Даррен суроолору менен мага чабуул жасады. Мен андан бетер ачуулана баштадым. Эмнеге ал мени өз жайыма койбойт? — Сенин ишиң канча? — коргонуу менен жооп кайтардым. — Бул тууралуу сени менен дөөрүп сүйлөп отургум келбейт, түшүндүңбү? — Макул. Кызууланба. Мен жөн гана сурадым, башка эч нерсе эмес... — деди ал колун жогору көтөрүп. Ушул кезде бул жигитке бекер эле атырылганым мага жетти. — О’кей! — дедим мен көңүлдөнбөй, — мен азыр эле Жакандан болгон Жакшы Кабардагы өзүмдүн сүйүктүү аятымды, сегизинчи бөлүм, отуз алтынчы аяттагы, мени эркин кылган Ыйса жөнүндө окудум. Менин дабышым дагы эле нааразылана чыгып жатты, Даррен баарын жакшы түшүндү. Ал ордунан турду. — Тынчтангандан кийин теннис ойногонго кел. Мейлиби, тууган? Ал чыгып кетти, а мен болсо өкүнө муштумумду бекем түйдүм. Менин ишенимим... Ал жөнүндө эч кимге айткым келген эмес. Үч күндөн кийин Даррен мага конокко дагы келди. Кулагына жете жылмайып, менин керебетимдин четине отурду. — Эч качан ойлоп таба албайсың, тууган! — Эмне жөнүндө айтып жатасың? — деп күлдүм. Анын кыйтыр жылмаюусу менин өзүнө тартты. — Өткөн жолу мен сенден кетээр замат менде чоң жагымсыз окуя болду. — Эмне болду? — Мен ошол замат чиркөөгө Ыйык Китеп алганы бардым. Сен андан эмне окуганыңды айтып бергиң келбегендиктен, мен өзүм окуганды каалаадым, — деди ал. Ээгимдү сүртө, мен ага көңүл коюп карап отурдум. Кызыктуу, эми ал эмне дейт экен? Даррен улантты: — Мен ыйык кызматчыдан Ыйык Китеп беришин сурандым. Ал болсо, мүмкүн, мен аны папирос ороо үчүн колдонот деп ойлогондур. Албетте, мага эч нерсе берген жок, бирок ал бурулганда, мен каалаган нерсемди уурдап алдым. Токулган көйнөгүмдүн ичине сала койдум. — Сени кармап алды деп айтпа. — Ооба, мени тинтип, Ыйык Китепти таап алышканда, жыйырма төрт саатка мени карцерге камап коюшту. — Жаман эмес! — Бирок баарынан кызыктуусу, алар баарын табышкан жок! Башка Ыйык Китепти мен шымымдын ичине катып койгонмун. — Даррендин көздөрү жайнап турду. Мен күлбөй кое алган жокмун. — Мейли, эми карцерде убакыт өткөрө турган нерсем бар дедим, — деп улантты ал. — Мен сен айткан жерди тапкым келди. Бирок мен кантип издеш керектигин билген да жокмун. Сен айткан адамды эстегенге аракет кылдым. Же Жакып беле, же Жаканбы же Жекпи... Мен буга чейин эч качан бул китепти колума кармап көргөн эмесмин. — Бул Жакандан болгон Жакшы Кабардан эле, — дедим мен акырын. — Эми өзүм да билем,— жаркылдады Даррен. — Мен кошуна камерадагы жигитти тыкылдаттым. “Эй, тууган, Ыйык Китептен бир нерсени түшүнөсүңбү?” Ал мага жооп берди: “Ооба, мен машайакчымын. А сен эмнени билгиң келип жатат?” Мен ага сени эркин кылган Ыйса жөнүндө сен мага айтканыңды айтып бердим, ал болсо: “Жакандан болгон Жакшы Кабарга кайрыл”, — деп айтты. — Даррен улантты: — Мен мазмуну боюнча таап, бул Жакшы Кабарды башынан баштап окуй баштадым. А башка эмне кылмакмын? Тамбашына түкүрүп жатмак белем? — деп күлдү Даррен. — Башында мен эч нерсеге түшүнгөн жокмун, Тони. Бул болбогон нерсе, башында Сөз болгон, Сөз Кудай болгон... Кандайдыр-бир абркадабрага окшош. Бирок андан кийин түшүнүктүү боло баштады... Ыйса сууну шарапка айлантты, ошол жерде дагы бирөө... жанагы самариялык аял... кудуктун жанындагы. Анын канча күйөөсү болгонун Ал билип койгондугу түшүнүксүз. Бул кызыктуу эмеспи? Кызыктуу! — Албетте, — макул болдум, — бул чындап эле кызыктуу. — Ошентип, китептин баарын мен окуп бүттүм. Сен айткан жерди таптым, — “Эгерде силерди Уул эркин кылса, анда чындап эркин болосуңар”. Мен кайра-кайра окудум, андан кийин ойлоно баштадым. Даррен менин оюмду угууну каалагандай үндөбөй калды. — Менин оюмча, дос, мен түшүндүм. Мен чындап эле бул аятты түшүндүм, — деди ал. — Мен Ыйса жөнүндө окуп, Ага ишенип калдым. Кечээ кечинде мен Аны менен сүйлөштүм. Демек, мен эми — машайакчымынбы? Мен катыган бойдон айран-таң калып отурдум. Мен Дарренди кууп чыгыш үчүн болгон аракетти жасадым. Бирок Кудай менин каршылыгыма карабастан, мени Өзүнүн куралы катары колдонгусу келгенин мага көрсөттү. Ал мага мындай дегендей болду: “Мына сен талкаландың, алсыз бодуң, эми Мен сен аркылуу Өзүмдүн ишимди жасай алам”. — Сен ыйлап жатасыңбы, тууган? — Даррендин үнү менин ойлорумду бөлүп кетти. Мен шашкалактаган бойдон көзүмдүн жашын аарчыдым. Ага эмне дешти да билген жокмун, бирок ал сүйлөшкүсү келди. Биз көпкө чейин, уктаганга белги бергенге чейин сүйлөштүк. Даррен өзү жөнүндө айтып берди. Ал жетим болгон экен. Аны кабыл алган бир үй-бүлөдөн экинчисине өткөрүп беришкен, ал эми чоңоюп калганда болсо анын полиция менен маселелери башталган. Түрмө ал үчүн өз үйү болуп калган. Ал бул жерде биринчи жолу отуруп жаткан жок. Бул жолу аны бир жигиттен өзүнүн дос кызын кызгангандыгы үчүн отургузушуптур. Ал жигитти бөтөлкө менен башына чапкан экен. — Ошодон кийин ал кыз мени таштап кетти, — деди Даррен, — эми болсо ошол жигит менен жүрөт деп ойлойм. — Кел бул жөнүндө сыйыналы, — деп сунуш кылдым. Даррен абдан кыжырланды. Мени менен бирге сыйынуу ал үчүн кыйын болду. — Мен кантип сыйыныш керектигин билбейм, — деди ал. Мен башымды ийип, Даррен айтканча Кудайга сыйына баштаган элем. Мындан кийин биз Даррен экөөбүз көп күндөрдү чогуу өткөрдүк. Көп мезгилде ал мени менен бирге сыйынууну суранчу. Биз чогуу Ыйык Китепти изилдеп окуп баштадык. Никосиядагы досторум менен да мен так ушундай кылчумун. Даррендин жашоосу жөнөкөй эмес эле. Ал баңги затынан көз каранды болчу. Аны түрмөдө табуу кыйынга турчу эмес. Түрмөдө регулярдуу түрдө текшерүү жүргүзүлгөнүнө — экспресс-анализ жүргүзүлгөнүнө карабастан көптөр колдончу, эгер табылып калса нашакорлор амнистияга, мөөнөтү бүтпөй эле чыкканга илинишчү эмес, кээде баңги заттарын колдонгондугу үчүн кайрадан соттолушчу. Бул камактагылардын көбүнүн жашоо образы болуп калган. Даррен өзүнүн бул көз карандылыгынан кыйналчу. Гашиш анын мээсин кургатып баштаган. Ал он эки жашынан баштап тарта баштаган, эми болсо депрессиядан жана паранойиден азап тартып жатат. Мен аны ынандырып, наркодилерлерден алыс кылууга аракет кылдым, анын бошонушу үчүн бирге сыйындым. Кээде ал ремиссияда бир нече жума болчу. Бул анын чоң жетишкендиги эле. Мен жанымды үрөп Дарренге жардам берүүгө аракет кылдым. Анткени ал мени Кудай менен тийиштүү мамиле кылышыма алып келген адам болду. Аны менен мамилелешүүдө мен Жакшы Кабарды жашырып койгонго эч кандай укугум жок экендигин түшүндүм. Кудайдын мен аркылуу иштегенине жол беришим керек эле. Мындан сырткары мен баарын өз убагында жасаш керектигин түшүндүм. Эми эч кандай чоң масштабдагы Жакшы Кабар таратуунун кереги жок. Эч кандай өзүнө үмүттөнгөндүктүн кереги жок. Эч кандай өз күчүмө таянуучулуктун кереги жок. Менин чөк түшүп, Кудайдын алдында тобо кылышым керек болду. Менин сыйынган жашоом түп-тамыры менен өзгөрүлүш керек эле. Мурда сыйынууга тийиштүү көңүл бөлбөгөнүмдү мен түшүндүм. Мындай кызмат үчүн мен дайыма бош эмес элем. Менин сыйынууларым мага мен Кудайга көрсөткөн жана алардын аткарылышын күткөн талаптарымдын тизмесин элестетти. Бардык убакта Кудай менин токтоп, жөн гана Анын катышуусунда болгонумду каалады. Эми мен баарынан мурун эмнеге муктаж экенимди — өз убактымды Кудай менен өткөрүп, Аны угууга муктаж экенимди түшүндүм. Коопсуз устаранын ичинен мизин чыгарып, мен кагаздан айкаш жыгачты кесип алдым. Ага булактары, дарактары, чөптөрү бар тоонун пейзажын тарттым. Тиш пастасынын жардамы менен менин чеберчилигимди терезенин айнегине “жабышытырп койдум”. Менин камерам биринчи кабатта эле, терезеси зэктер машыккан ички короого карап турчу. Өз камерамды мен таптаза, жыйнактуу кармачумун. Бул Жакшы Кабар таратуунун чоң эмес, жөнөкөй жолу эле. Мен өзүмө зэктер менен бар болгон нерсемдин баарын бөлүшүүгө, ар бири менен болушунча ачык болгонго жана достук мамиледе болгонго убада бердим. Жай, акырындык менен адамдар мага кеңеш беришим үчүн кайрыла башташты. Өзүм жөнүндө зэктерге да, сакчыларга да, түрмөнүн жетекчилигине да айтып берүү жөнөкөй болду. Көптөрү менин Баллингдонго кантип түшүп калганымды билишип таң калышты. Алар үчүн бул жолдогу жөнөкөй күтүлбөгөн кокустук ушундай өкүм чыгаруунун негизи болуп калганы түшүнүксүз. Мени көп учурда “айыпсыз азап чегүүчү” деп аташчу. Бул менин машайакчы болгондугума карабастан, ката кетире тургандыгым жөнүндө өзүмдүн мойнума алышыма көп түрткү болду. — Менимче, ушул жер мага ылайыктуу,— дейт элем мен. — Кудай мага кезектеги сабакты бериш үчүн ушул жакка келишиме жол берди. Тез эле баары мени “кайтаруучу”, кээде болсо “үмүттүн сатуучусу” (түрмөдөгү “баңги зат сатуучунун” карама каршысы!) деп атай башташты. Ар бир күнү короодогу отуз мүнөттүк көнүгүүдөн кийин, мен Машайак жөнүндө күбөлөндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ элем. Бир жолу мени менен Найжел Питерс — адам өлтүргөнү үчүн мөөнөтүн өтөп жаткан адам теңелишти. Ал такыр баш, толугу менен кырынган, отуз бештер чамасында эле. Ал эч качан тамеки тартпаган, күнүмдүк жүгүрүүнүн жардамында өзүн жаман эмес формада сактап жүрчү. Биз экөөбүз шашылбай жай бастык жана бири-бирибизге өзүбүздүн жашообуз жөнүндө айтып бердик. — Мен сенин башкаларга окшобогонуңду байкадым, — деди ал. — Башкалардын баары өз кылмыштары менен алпурушуп жүрүшөт. А сен болсо, сени качан укпайын Кудай жөнүндө айтасың. Мен жылмайып бараттым. Эки күндөн кийин көнүгүү залынан чыгып бара жаткан Найжел менен кезигишип калдым. Андан тер куюлуп агып жатты. — Кандай, жакшы машыктыңбы? — деп сурадым. — Чынын айтсам, мен баарынан чарчадым,— деп ал жооп берди. Мага ал ушунчалык кыйналгандай жана капалуудай көрүндү. — Мен он төрт жылдан бери отурам, Тони. Эч качан бирөөнүн ишине кийлигишкен эмесмин. Эми мени карачы, мен эмнеге айланып калдым. Найжелди жакында эле башка түрмөдөн Баллингдонго которушкан. Ал жактын режими бул жердегиге караганда катуу эмес болчу. Ал жакта жумасына бир күн жумуштан бош болууга жетишкен, бирок андан анын блогундагы баңгилер менен жагымсыз окуя болгондон кийин ажырап калган. — Алар менен бир кеч чогуу болдум, бүттү, бардык жеңилдиктерден ажырап калдым, — деди ал мага. — Ошол кезде мен акылым кыйшайып калган. Ошондуктан мени бул жакка которушту. Мөөнөтүң бүткөнгө чейин эч кандай эс ала турган күндү алууга үмүт жок, а бул дагы үч жарым жыл ушул жерден чыкпайсың дегенди билдирет. Бир кыйла убакыт биз унчукпастан басып бараттык. Анан күтүлбөгөн жерден ал минтип сурады: — Эгер жашоодо бардык жерде ушундай нерселер болуп жатса, чынында эле бул жарык дүйнөдө Кудай барбы? Бир азга ойлонуп туруп, андан кийин сунуш кылдым: — Кел, мен сага бир үлгүлүү аңгеме айтып берейин? — Макул, кана, угуп көрөйүн. — Бир кеме суу астындагы орок таштарды сүзүп, талкаланып калат. Кеме кыйроодон кийин бир гана адам тирүү калат. Кандайдыр-бир жол менен ал эч ким жашабаган аралга туш келип калат, ошондо ал абдан кайгылуу абалга түшкөнүн билет. Ошондо ал Кудайга аябай катуу сыйынат, бирок эч нерсе болбойт. — Эгер эч кандай Кудай жок болсо, ал эмнени күттү! — деп Найжел менин сөзүмдү бөлүп. — Ошондо ал жаман аба-ырайынан сактаныш үчүн кичинекей алачык курат, — мен уланттым. — Бир жолу ал тамак издеп чыгат, кайтып келсе анын алачыгы күйүп жатыптыр. Түштө аябай ысык болгондуктан, үстүндөгү самандар жеңил эле тутанып, күйүп кетиптир. Байкуш адам анын акыркы үмүтү кантип күйүп жатканын карап турат. “Кудайым, кантип Сен ушуга жол бердиң?” — деп ал асманды карап, муштумун көрсөтөт. Ошол кечте ал бир дарактын түбүндө, коркуп, үшүп жатып уктап калат. Эрте менен аны адамдардын үнү ойготот. “Силер мени кантип таптыңар?” — деп сурайт ал таң кала. “Биз түтүн белгисин көрдүк”,— деп жооп беришет алар. Мен өз аңгемемди аяктаганда, Найжел бырс этип күлүп жиберди. — Кээде Кудайдын сүйүүсү бизге Анын жек көрүүсүндөй сезилип кетет, — дедим мен. — Биз дайыма эле Анын биздин жашообузга жөнөткөн нерсесин түшүнө бербейбиз. Мен дагы эмне үчүн бул түрмөгө түшүп калганымды түшүнгөн жок элем. Сен да азыр эмне үчүн өз артыкчылыктарыңды жоготконуңду түшүнбөй жатасың. Бирок менин оюмча, сенин акыркы үмүтүң — сенин түтүн белгиң. — Болушу мүмкүн...— деди Найжел. — Мени уксаң, — деп уланттым, — Ыйык Китепте бир аят бар, Римдиктерге жазылган каттын сегизинчи бөлүмүнүн жыйырма сегизинчи аятта: “Анын үстүнө, Кудайды сүйгөндөргө, Анын каалоосу боюнча чакырылгандарга бардык нерсе жакшылыкка болорун билебиз. Анын үстүнө, Кудайды сүйгөндөргө, Анын каалоосу боюнча чакырылгандарга бардык нерсе жакшылыкка болорун билебиз”. Башкача айтканда, Кудайды сүйгөндөр үчүн баары жакшылыкка болот. Бул аяттагы ачкыч сөз, Найжел, бул бардык нерсе деген сөз. Бул сөздүн ичине жаманы да, жакшысы да, ошонун ичинде сенин артыкчылыктарың да жашырылган... Эгер сен Ыйса Машайакка ишенсең, анда сеникиндей болгон абалда да сен жеңилүүгө учурабайсың. Ага жеңилүү катары караба. Бул шартта, азыр, Кудай сенин пайдаң үчүн эмгектенип жатат. Найжел матап койгондой ордунан жылбай катып калды. Бул сөздөр анын жүрөгүнө тийгендей болуп көрүндү. — Ал сени сүйөт, Найжел, Ал сен жөнүндө Өзүнүн баласындай кам көрөт. Найжел мени карады. — Аңгеме үчүн ракмат, — деди да, жай басып менден алыстап кетти. Кийинки күнү Найжел кайрадан ички короодо жүргөндө мени кубалап жетти. — Тони, сен мага айтып берген бул аңгеме менин оюмдан чыкпай жатат, — деп баштады ал. — Өзүм менен эч нерсе кыла албай жатам. Мага өзүңдүн Кудайың жөнүндө дагы айтып берчи. Мен Машайак жана Анын Жакшы Кабары жөнүндө күбөлөндүрүп бердим, бирок куткарылуу жөнүндө гана айтпашым керектигин жакшы түшүнчүмүн. Мен машайакчылык жашоодогу кыйынчылыктар жөнүндө абдан жакшы билчүмүн. — Кудай сени азап чегүүдөн куткарбайт, — дедим мен Найжелге. — Бирок так ошол азап тартуу мезгилинде Кудай сени мыкты кылат. Жакшы жашап жаткан кезде аз гана адам Кудайга таяна тургандыгын мен өзүмдөн билем. Мен бул сабакты кыйындык менен өздөштүрдүм, Найжел, бирок баары бир күн сайын Кудай мени бул жакка алып келгендигине, ушул чындыкты мага үйрөткөнүнө ыраазычылык айтам. — Бирок менде ишеним бар экендигине шектенип турам, Тони... — Шектенбе, дос, — деп каршы болдум. — Мына, ук. Сен бүгүн эрте менен ойгондуң. Сен дем алдың. Сен эмне менен дем алып жатканыңды ойлонгон да жоксуң. Биз абаны көрө албайбыз! — Найжел күлүмсүрөдү, мен уланттым: — Сен отургучка отурганда, аны кармап, сени көтөрө ала турганын текшересиңби? Жок, сен мындай кылбайсың. — Эми Найжел күлдү. — Мына Кудай да ошондой, — дедим мен Найжелдин көзүнө карап. — Ал ушул жерде, сен жөн гана ишенишиң керек. Найжел көзүн ала качып, асманды тикирейип карап калды. — Бир жолу жаш бала, — дедим ага, — кагаздан жасалган жыланды учуруптур. Күн бүркөө экен. Ага чоң атасы жакын келип айтты: “Сен эмне кылып жатасың?” Бала жооп берет: “Кагаз жыланды учуруп жатам”. Чоң атасы анын кыжырына тийгиси келди: “Бирок мен эч нерсе көрбөй жатам го”. Бала башын көтөрүп, өзүнүн кагаз досун көрө албайт. Анан бир аз ойлонуп, чоң атасына айтат: “Ооба, сиз туура айтасыз. Жылан көрүнбөйт, бирок ал чындап эле ошол жакта. Мен ишенем, ал ошол жакта. Анткени мен жиптин тартылып турганын сезип жатам”. — Мен жолдошума кайрылып айттым: — Найжел, эгер Машайакка ишенсең, анда Аны менен болгон байланышты сезесиң. Ошол кечте мен Найжелге кат жаздым. Анда сейилдеп жүргөн кезде айткандарымды кыскача жаздым, Ыйык Китептен аяттарды кошумчаладым жана ага жардам бере турган жерлерди окушун сунуш кылдым. Менин катымды алгандан кийин ал Ыйсага бекем, туруктуу ишенимге ээ болуп калды. Мен Баллингдондон бошогондон кийин, аны мен бүгүнкү күнгө чейин барып кызмат кылган Челмсфорддогу түрмөгө которушту. Блоктогу эң өжөр жана көп сүйлөбөгөн зэктер Балла жана Фергюсон болчу. Бирок бат эле алар да биздин компаниянын ички короосунда сейилдеп башташты. Балла Лондондун эң жакыр чыгыш бөлүгүнөн эле. Бул жигит чың денелүү, мыкты далылуу, күчтүү колдуу эле. Сырттан караганда, ал мойну жоктой көрүнчү. Оор салмактагы боксер! Эркиндикте жүргөндө ал карыз өндүрүүдө агент болуп иштеген, а түрмөгө болсо расизмди күчтүү көрсөткөнү үчүн түшкөн. Анын бүт үй-бүлөсү фанаттык түрдө фашисттик идеяга берлишкен. Ал аны энесин сүтүн эмгенден бери сиңирсе керек деп айтууга болот. Балла менен эч ким байланышкысы келчү эмес, демек эч ким ага жагымсыздык алып келчү эмес. Бирок андан баары тиешесин алышчу, өзгөчө кара терилүүлөр жана жарым каны аралашкандардын баары. Мына ошентип бир түрмө кызматчысы чыгат, эгер Баллага менин түрмөдөгү иштерим жөнүндө кээ бир маалыматтарды берсе, ошол аркылуу ал Балланын кара терилүүлөргө каршы болгон кезектеги фашисттик агрессиясын токтотом деп ойлойт. Бул маалымат жашыруун болгон, бирок түрмөдөгү кызматчылар өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн ал чыга турган жерди ачып коюшат. Алар менин кун-фу боюнча үч жолку дүйнөнүн чемпиону болгонумду билишет, Интерполдон мен жөнүндөгү маалыматтарга кирүүгө мүмкүндүктөрү бар. — Анын аты бул жерде Кайтаруучу, бирок ал жигит бүт дүйнө жүзүнө таанымал. Ал сенин мойнуңду колу менен эле жөжөнүн башын жулгандай жулуп салат, — дейт ал кызматчы Баллага. Балла мага кызыга баштады. Ага баарынан да менин таза кандуу ак адам эместигим тынчтык бербей жаткандай. Ошондой эле ал кун-фу жөнүндө билгиси келет. Менин мурдагы жашоом жөнүндө түрмөгө көз ирмемде тарап кетти. Өз биографиямды айтууда мен ушул бөлүк жөнүндө айтууну сүйчү эмесмин, бирок так ушул менин “күрөшүүчү” өткөн чагым кээ бирлерин, өзгөчө Баллага окшогон мындай өжөр өгүздөрдү мени сыйлоого түртчү. Менин оюмча, ал эмне үчүн ушундай жигит өз наны менен бөлүшөт, зэктерге кат жазганга жардам берет, ар бир каалаган адам менен бирге сыйынат деп билүүгө кызыкса керек. — Мени карасаң, мен кун-фуну өздөштүрүп алдым, — деп бир жолу короодо басып жүргөнүбүздө мага Балла тийише баштады. Ал буту жана колу менен сокку ургандай кылып көрсөттү. — А эмне, Будда мага жагат. Мен динчил деле эмесмин... бирок сен үчүн ал чоң мааниге ээ болгонун билем. Мен өзүм муну менен — буддизмби же, кандай эле... шаманизм беле, жакын таанышсамбы дедим эле? Кыскасын айтканда, баары бир эч нерсеге арзыбаган нерсе. Мен токтоп калдым жана анын көзүнө тике карадым. — Ооба, сен башкысын түшүнүптүрсүң, дос, — деп бекем айттым. Балла бир аз түшүнбөй калды. — Сен айткандардын баары, бул диний туман, башка эч нерсе эмес! Баш-аягына чейин адашуу! Динден эч кандай пайда жок. Жалаң жалган. — Тынчтан, Тони. — Жок, мени ук. Таразанын бир ташында — Кудайга болгон ишеним, экинчичиснде — дүйнөдөгү бардык диндер. Мен жалгыз кудуреттүү Жаратуучу Кудайга жана Анын Уулуна, Ыйса Машайакка ишенем. Бир гана Ыйса Өзү жөнүндө мындай дейт: “Жол, чындык жана өмүр Менмин. Атама Мен аркылуу гана барууга болот, Менсиз эч ким бара албайт”. — Охо, аябай катуу угулат! — Бул жогору көтөрүлүү эмес, Балла, а чындык. Ыйык Китепте, Корунттуктарга жазылган биринчи каттын сегизинчи бөлүмүндө, алтынчы аятта жазылган, бизде баарын берген бир гана Кудай Ата бар, бир гана Теңир Ыйса Машайак бар. Сен, Балла, чындык менен талашпашың керек жана аны адамдар ойлоп тапкан окутуулардын таштандысы менен аралаштырып бурмалабашың керек. Биз кайрадан бирге басып калдык, кокусунан Балла сүйлөп баштады: — Сен үчүн сенин ишенимиң — мен үчүн “Миллуолл” болгондой. — Сен эмне жөнүндө айтып жатасың, Балла? — Уксаң, “Миллуолл” — эң мыкты топ, туурабы? Жалгыз жана кайталангыс. А башклары — болбогондор. — Улант, — дедим мен, — кызык, ал сени кай жакка чейин алып барды экен. — Сени кай жакка алып барса, ошол жакка, Тони. Сен түшүндүңбү? Сен үчүн бул ишеним жана сенин Ыйсаң. Мен үчүн — “Миллуолл” футболдук клубу. Мен убакытты кур бекер өткөрүп жатам деп ойлодум, бирок аны менен бирге күлдүм. — Жок, жок, сен эч нерсе түшүнгөн жоксуң... — Эмнени түшүнгөн жокмун? — Ыйса мен үчүн хобби же пайда чыга турган иш эмес. Сен футболго, кимдир-бирөө шахматка же балдык бийге кызыккандай, мен Ыйсага кызыгам деп айтууга болбойт... — Бурулуштарда жайыраак, тууган! — Мени ук, мен үчүн Ыйса — баары. Ал жөн гана жакшы дос эмес. Ал — менин жашоомдун негизи. Ал — өмүрдүн өзү. Сен муну кабыл аласыңбы же албайсыңбы — сенин ишиң, бирок бул андай эмес. Мен буга асман көк, дарактар жашыл деп бекем ишенгендей ишенем. Эч нерсе мени башкага ынандыра албайт. Бирок мен калган адамдардын баары бул жөнүндө билишин каалайм. Бул өлүм менен өмүрдүн суроосу. — Көрүп турам, сен сүйүктүү атыңа минип алдың! Мейли, сен ага ишенесиң, бирок бул сенин ишенимиң. — Бир эле менин эмес, бирок ишенимдин кадамын таштаган, өздөрү үчүн чындыкты ачышкан миллиондогон башкалардын дагы. — Ооба, бирок мен алардын бири эмесмин... — О’кей, сен стадиондо отурасың, айланаңда сенин досторуң, силер баарыңар чоң футболдук матчты көрүп жатасыңар. Судья эркин соккуну белгиледи, бирок сен шашылыш бошонгуң келип калды. Сен чыгып кеттиң, ошол сокку учурунда-а-а — силердин дарбаза коргоочуңар топту кармап калды. Сен кайра чуркап келгениңде сенин досторуң экстазда — жинди адамдай болуп кыйкырып жатышат. Алар бул соккуну жана дарбаза коргоочунун секиргенин көрүштү. Бул мыкты эпизод. Сен мындайды эч качан көргөн эмессиң. Дарбаза коргоочу бүт командасын сактап калды! Сен ушундай нерсени өткөрүп жибергениңе капасың. Бирок сен ушундай болгонуна шектенесиңби? Албетте, жок. Сен муну өзүң көрбөсөң да, ишенесиң. Сен ишенесиң, сенин досторуң бул жөнүндө айтпай коюшпайт. Сен бул жерде жок элең, сен бир дарбаза коргоочу өзүнүн бүт командасын сактап калган, бардык мезгилдеги жана элдеги эң мыкты болгон футболдук эпизодду көрбөй калдың, бирок алар көрүштү, ошондуктан сен ишенесиң. — Эми түшүнүктүү. Мен өз көзүм менен көрбөгөн нерсе, бул чындык эмес дегендик эмес экен. Сен Ыйса бар деп айтасың, бул ушундай болушу мүмкүн, мен Аны көрбөсөм дагы. — Туура. Мен сага Ыйса айкаш жыгачта сен үчүн жана мен үчүн өлгөн кезде, куткарылууну белек кылган деп айтып жатам. Мага бир адам бул жөнүндө айтып бергенде, мен буга ишенгенмин. Эми мен Ыйса куткарат деп ишенем, мен өзүм буга көзүм жетти. Бул куткарылуу үчүн өмүрүмдүн аягына чейин кубанганымды токтотпойм. — Мени али да сортирде отурат деп айткың келеби? — Жок, Балла, мен сага Ыйса жөнүндө айтканымда, сен ал жактан чыктың. Эми мамынын жанына барып, бекер пивону алышың керек. — Бул башка кеп! Мынакей, сен адамча сүйлөп баштадың. — Ооба, ал жакта сен үчүн кружканы даярдап коюшкан, — дедим жылмая. Балла мени түшүндү. Кийинчерээк бизде буга окшогон көп аңгемелшүүлөр болду. Мен ал бир керемет учурда чындыкты табышы үчүн дайыма сыйынам. Фергюсон да ушундай “катуу жаңгак” эле. Кара терилүү жигит, бийлик үчүн күрөшүүдө Баллдын атаандашы. Ал тамак-аш блогунда иштечү. Бир жолу ал да мага жакындап келди: — Эй, Тони. Мен сени машайакчы деп уктум го. Ал мени буту менен чалып жибербесин деп токтоп калдым. Соккуну эптүүлүк менен кантип чагылдырса болот? — Ооба, окшош, ошондой, — дедим мен коркунучумду көргөзбөгөнгө аракет кыла. Анын реакциясы мени таң калтырды. — Менин аялым азыр гана өлүп калды, — деди ал. Мен ичимден чыңала түштүм. Демек, ал өзүнүн бүт ачуусун менден чыгаргысы келип жатат. Бир, эки, үч секунд өттү. Мен анын колу менин ийниме коюлганын сездим. — Ал үчүн сыйынып коесуңбу? — деди ал. Мен өзүмө ошол замат келе алган жокмун. — Албетте, мен ал үчүн сыйынам, — дедим, — бирок мен Кудайга сен үчүн да сыйынам, Ал сени тирүү калтырбадыбы. Биз сүйлөшүп кеттик. Ал мага эми анын балдары эмне боло тургандыгы жөнүндө коркунучтарын жана тынчсызданууларын айтты. Мен кыла ала турган нерсе, бул аны менен бирге сыйынуу болчу, ал муну ыраазычылык менен кабыл алды. Ушудан кийин Фергюсон тамак блогунда дежур болгон кезде мага апельсин, пудинг сыяктуу кошумча тамактарды алып келчү болду. Камалгандардын баары илингиси келген жумуш — бул “кызыл таңгыч” менен болгон жумуш эле. Аларга жумасына беш фунт төлөп беришчү. “Кызыл таңгычы” барларга блоктун сыртындагы аянттарды тазалоо иши тапшырылат эле. Алар эч кандай көзөмөлдөөсүз жумушка барып, кайтып келишчү. Бирок жетекчилер зэктерге мындай ишти бөлүштүрүүдө бөтөнчө этияттык көрсөтүшчү. Түрмөнү тегерете бийик дубал эле, бирок каалоо болсо жана денелик жөндөмдүүлүктөрү бар ар бир адам аны эч кандай кыйынчылыгы жок ашып кетиши мүмкүн эле. Мага бул жумуш Кудайдан болгон белек болду. Ал жумушту жеңил жана таза деп айтууга болбойт, бирок мен таза абада жалгыз эмгектендиктен зор канааттануу алчумун. Ар бир күнү калактын жана шыпыргынын жардамы менен өзүмдүн гана бөлүгүмдөн жыйырмага жакын чоң каптагы таштандыларды чогултчумун. Баллингдон “В” категориясындагы пенитенциардык имараттарга кирчү, башкача айтканда бул катуу режимдеги түрмө эле, бирок таң калыштуусу адамдар эмне кааласа ошонун баарына ээ эле. Түрмөнүн блогу эки кабаттуу имараттан турчу, а терезеси короону карап турчу, ал жактан камактагылар бир жолу колдонулуучу шприцтерди, презервативдерди, чириген мөмө-жемиштерди, бөтөлкөлөрдү, гезиттерди, кээде заңдарын да ыргытышчу. Кээ бир адамдар өздөрүн айбандан да жаман алып жүрүшөт эле. Менин артыкчылыктарыма көз арткандар адамдар да табылды. Терезеден менин үстүмө көз арткандардын колунда эмне болсо: бөтөлкөдөн тартып апельсинге чейин же байпактарга салынган самындын алкындылары учуп түшчү, ал эми кээде болсо кайнак суу төгүлчү. Мындай “снаряддардан” жашынуу татаал, ошондуктан мен жумуш убагында дайыма сыйынат элем. Убакыт өткөн сайын мен биринчи кабаттагы камерадагы зэктердин көбү менен тааныштым. Анан мен алардын ар бирине бул же тигил формада Кудай жөнүндө күбөлөндүрдүм. Бир камерада эки поляк, Анжей менен Болек отурушчу. Алар профессионалдык ууру, катаал жана орой немелер эле. Алар узак мөөнөттөн бери отурушат. Алардын бири эптеп-септеп англисче сүйлөчү, бирок аны менен сүйлөшүү оңой эмес эле. Бир жолу түнү мен поляктарга Жакшы Кабарды жөнөкөй англис тилинде түшүндүрүү үчүн кат жазууга отурдум. Ошондой эле мен кээ бир грекче сөздөрдү колдондум, поляктар үчүн түшүнүктүү болот деп ойлодум. Бир нече күн өткөндөн кийин, мен терезенин түбүн шыпырып жүргөнүмдө Анжей мени чакырды. — Ракмат, Тони, катың үчүн. Бирок биз түшүнбөй калдык, — деди ал кыйнала, — сен эмне поляк тилин билесиңби? — Эмне? — дедим мен таң кала. — Сенин катың... Сонун поляк тилинде, — жылмайды Анжей. — Менин досум анын баарын түшүндүрдү. Чоң ракмат. Мен өзүмдү жоготуп коеюн дедим. Анткени поляк тилинде мен бир да сөз билбейм. — Мындай болушу мүмкүн эмес, — дедим мен. — Мен англисче жана грекче жазганмын. Анжей айран калгандай түр көрсөттү. Ал поляк тилинде бирдеме айтып, жок болуп кетти. Терезеде колуна кат кармап, мени менен саламдашкан Болек пайда болду. — Ооба, ооба. Жакшы поляк тили. — Кулагына жете күлүмсүрөй анын айтканы ушул эле болду. Ошондо мага керемет иш болгону жетти. Бул жерде да Кудай иштеген. Мен Аны даңктап, мактап, сыйынып, өз жумушумдү уланттым. Тазалоо ишин бүткөндөн кийин, мен башкы блокко кайта киргизүү үчүн коңгуроону бастым. Сакчылар көп кезде мен жөнүндө “унутуп калышчу”. Алар мага чөп үстүнө отуруп, Ыйык Китеп окушума же түрмөнүн айланасын курчаган жашыл дөңсөлөрдү суктана карашыма убакыт бергенин түшүнчүмүн. Бир жолу жогорку кабаттан үн чыкты: — Эй, Кайтаруучу, Ыйса өлдү, билесиңби? Ошол замат мен этияттана түштүм. Мурда да бул зэк мага тийишчү. Ал мага бөтөлкө ыргытып, жаман сөздөр менен тилдеген, бирок аны эч качан көргөн эмесмин. Инстинкт боюнча аны башына чаба сала тургандай күрөктү кармай калдым. Бирок өз убагында менин ордумда болгондо Ыйса эмне кылмак деп ойлоп өзүмө келдим, жөн гана этибарга албай коюуну чечтим. Бирок тигил эч кандай токтободу. Анын бети чымырап да койбостон, келесоо адамдай күлө баштады. Бирдеме кылып жооп кылыш керек болчу. Мени ачуу кысып баштады. Бирок мен бекем чечим кабыл алганмын. — Жок, сен такыр туура эмессиң, — дедим мен жай. — Ыйса тирүү. Мен муну билем, себеби Ал менин жүрөгүмдө жашайт, ушундай болгондуктан, мен сени кечирем. Сага Теңир батасын берсин! Көз ирмемге тынчтык болуп калды. Мунун артында эмне тургандыгы мага түшүнүктүү болду. Мен токтоп, башымды ийип, эсимдеги жыйырма экинчи забурду айта баштадым... Өлүм көлөкөсүнүн өрөөнүндө жүрсөм да, жамандыктан коркпойм, анткени Сен мени мененсиң. Сенин бийлик таягың менен койчу таягың жанымды тынчтандырат. Жогору жактагы терезеден менин үстүмө кайнак суу төгүлдү. Мен ордумда катып калдым. Менин кийимимден буу чыгып жатты, бирок суу мага кайнактай сезилген жок, керек болсо бир аз муздактай болду. Менин эч жерим күйгөн жок. Бир азга мен түшүнбөй турдум да, андан кийин мени таарынтуучуну чакырдым: — Эй, сен, терезени карачы! — Жооп катары жапайы күлкү чыкты. — Эмне, корктуңбу? — деп кыйкырдым. Тыптынч. Эмне кылыш керек? Кайрадан чакырганга туура келди. Сен ким болсоң да, сенин билишиңди каалайм: мен сөз ташуучу эмесмин, сени эч кимге айтпайм. Сени издебеймин дагы. Эгер мен машайакчы болбосом, сенин мээңди чыгарып салмакмын, бирок мен Ыйсаны абдан сүйөм. Мен бул жерде өзүмдүн күнөөм үчүн отурам, мага абдан уят. — Жогору жактан эч кандай үн жок. Мен уланттым: — Мен сени Теңир Ыйса Машайктын ысмынан кечирем, сен муну билгин. Теңир сага батасын берсин! Болгон окуяны көп адамдар угуп жана көрө алышты. — Аны жанч, Тони, — деп мага кеңеш беришти. — Кайдан суу төгүлгөнүн эле бизге айт, биз аны табабыз. — Жок, мен муну жасаганды каалабайм, — деп жооп бердим. Баары мени жөн гана акылдан адашкан деп эсептешти. Мен блокко кайтып келгенде көзөмөлдөөчүлөр болгон окуя жөнүндө билишет экен. — Анын ким экенин бизге айт, Тони. Биз жасаш керек нерсенин баарын жасайбыз, — деп убада беришти алар. — Жок, мен ал жөнүндө сөз ташыбайм. Мен ага сөз бердим. — Бирок аны жөн гана жазасыз калтырууга болбойт, — деп мага каршы болушту. Көзөмөлдөөчүлөрдүн бири менин колумдан кармап, жай түшүндүрө баштады: — Уксаң, биз баарына көз жумабыз. Жогоруга бар дагы, ал эмнеге татыктуу болсо ошону ага бер. А биз болсо эки мүнөттөн кийин киребиз дагы, өзүбүздөн кошумчалайбыз. — Силер билесиңер, мен муну жасай албайм, — дедим мен. — Мен азыр башка жол менен барам. Көзөмөлдөөчүлөр аябай таң калышты. Мен түшүндүргөнгө аракет кылдым: — Билесиңерби, мен бул адамды жөн гана кечиргим келет. Кечиримдин күчү эркиндик берет. Кечирим жазадан бийик турат. Мен аларга байыркы жүйүттөрдүн салты жөнүндө, төрөлөр жана падышалар юбилей жылында камактагыларды эркиндикке чыгарып, алардын карыздарын кечишкендиги тууралуу айтып бердим. — Ыйса Машайакка ишенүү — ошондой эркиндикке ээ болуу,— дедим мен. Бул ошондой эле юбилей жылы — салтанаттын жана шаттыктын кубанычтуу мезгили. Кечирим чыныгы эркиндикти берет жана адамдардын жүрөгүнө бакыт берет. Тескерисинче, жек көрүү өмүр бою түрмөгө түшүүнү өзүнө камтыйт. Ал адам ким болбосун, мен аны кечиргенге милдеттүүмүн. Көзөмөлдөөчүлөр бири-бирин карап, ийиндерин куушурушту. Бирөөсү мени далымдан таптады: — Сен менден мыктысың, Кайтаруучу, — деп жылмая айтты. Мен ал адамдан ошол бойдон өч алган жокмун, бирок кийинчерээк мага менин биринчи кабаттагы досторум кайдан кайнак суу төгүлгөнүн табышканы жөнүндө сөз жетти. Жайы келгенде алар жогоруга чыгып, аны менен өздөрүнчө чечишиптир. Ошондон кийин аны менен менде маселе болгон жок. 16-бөлүм Кичинекей чиркөө жолугушуу үчүн жакшы жай эле. Камактагылар ал жакка барышчу, себеби бул алар үчүн өз камераларынан чыкканга мүмкүнчүлүк болчу. Англикандык жыйындын ыйык кызматчысы Жакшы Кабарды насааттоодо өтө деле көп күч жумшачу эмес. Ал түрмөдө көп жылдардан бери иштечү, ал үчүн жумуш абдан кызыксыз эле. Ар бир күнү кечинде ал сырткы дүйнөгө кетет, бирок камерада жаткан камактагы биздей эле туткун болчу. Менин Машайак жөнүндө күбөлөндүргөнүм аны кыжырдантчу, бирок мага тоскоол болчу эмес. Камакта жаткандар Кудайга кайрылбаган бир да жума болгон жок. Биз регулярдуу түрдө ал жерде чогулуп, Ыйык Китеп окуп, сыйына баштадык. Биздин чогулуштарда жөн гана сынап отургандар да бар болчу. Кээ бирлери жыйынтыгында биздин түрмөлүк коомго кошулушту. Бислей Красавчик — купкуу жүздүү, ууру көз караштагы, баңги, жаш жигит — алардын бири эле. Бойго жеткенден берки жашоосунун көп бөлүгүн ал зонадан өткөргөн. “Эркиндикте эмнени көрбөй калдым?” — деп ишеничтүү сүйлөшүүлөрдүн биринде ал менин алдымда мойнуна алды. Өз мөөнөтү аяктап калганда ал кайрадан отуруш үчүн, кандайдыр-бир олуттуу “нерсе” жасайт. “Бул жер менин үйүм, — деп түшүндүрдү ал мага. — Эркиндикте кыйын. Мен ал жакта эч кимге керегим жок. Жалаң гана түйшүк: эсеп төлөш керек, кайда жашоону издеш керек. Мунун мага кереги жок. А бул жерде болсо, жок дегенде менде үч маал тамак, андан сырткары айланамда менин досторум бар”. Бислей Красавчикке окшогондор көп эле, аябай көп болчу. Мисалы, Кургак учуктуу деген жасама аты бар бирөө бар болчу. Ал дайыма чиркөөгө баш бакчу. Эркиндикте ал улуттук баатырдын даңкы менен канааттанып жашаган. Ал жөнүндө статьялар, анын сүрөттөрү бардык гезиттерге басылып чыккан, баары анын курчаган чөйрөнүн тазалыгы үчүн күрөшүүдөгү токтоно албаган аракеттери жөнүндө эле. Ал эми темир тордун артында ал кадимки эле ийгиликсиз адам болуп калды. Баллингдондо дарактар жана жайыттар жөнүндө ким кам көрмөк эле. Кургак учуктуу бутпарастыкка абдан кызыгат эле, кээде өзүнүн “динчил кечил аялы” менен чиркөөдө жолугушчу. Ал болсо кээде ыйык кызматчыга да көз кысып турчу, анан ыйык кызматчы жекшемби күндөрү Англикандык жыйындын салты боюнча табынуунун бир бөлүгүн алып барууга ага жол берчү. Бул мени өзүмдөн чыгарат эле. Бирок мен сыйына гана алат элем. Чынында буга Кудай киришип баштады. Кандай себеп менен экенин билбейм, “кечил аял” менен Кургак учуктуунун жолугушуусуна тыюу салышты. Бир жолу менин камерама Кургак учуктуу кирип келди. Мени атайылап түрткүлөп, ал айтты: — Эй, мен сен жөнүндө жана сенин сектанттык болбогон нерсең жөнүндө уктум. Менин дос аялымды сенин айыңдан киргизбей коюшту. Эми, шашпай тур! Сен менден көрөсүң. Кескин кыймыл менен анын колун далымдан түртө салдым. Ал менден кыйла эле узун болгондуктан, мен ордумдан турганда менин көздөрүм анын мурдунун тушунда болуп калды. — Эми мени ук, — дедим мен. — Билгениңди жаса. Эгер азыр кааласаң, анда мен сага далымды салып турам, сен мени ура аласың, — деп тиштене айттым, анын жүзүн караган бойдон. — Бирок, билип кой, — деп уланттым, — сен эмне кылсаң да, мен сени кечирем. Мен сени Ыйса Машайактын атынан сүйөм. Мен сага эч кандай жамандык каалабайм, а сен каалаганыңды кыл. Кургак учуктуу мени жутуп жиберчүдөй карап, унчукпай турду. Экөөбүз тең мындан ары эмне болушун билген жокпуз. Аягында Кургак учуктуу сөгүнүп, чыгып кетти. Алты ай өттү, мага боло турган бошонуу жөнүндө айтышты. Мени алдыда эмне күтүп турганын билген жокмун, бирок бул жерде Кудай мага абдан көп эң сонун сабактарды берди. Эми мен башка адам болуп калдым. Сара да руханий бекемделип калды. Ал да мага окшоп, Кудайга көбүрөөк таянганды үйрөндү, көп убактысын сыйынуу менен өткөрдү. Аны менен Этандын жашоосу жеңил болгон жок, бирок ал күйүп-жанып Ыйсага болгон сүйүүсү жөнүндө айтып жатканда менин жүрөгүм жанданып жатты. Мен бошоп чыкканга чейин, а бул 2002-жылы 12-февралда болду, бир аз акча топтоп койгон элем. Кетээр мезгилде көптөгөн ай бою бирге болгон жигиттерге күтүлбөгөн бир белек жасагым келди. Дайыма калбай келген жана бир нече жаңы адамдар чогулган чиркөөгө келдим. — Баштыгыңда эмне бар, Кайтаруучу? — деп сурады мага ушул атты берген Сэм Пол деген жигит (мен өз убагында аны Хагрид[28] деп атай баштагам). Мен баштыкты көңтөрүп, үстөлдүн үстүнө “Марс” шоколаддык батончиктерди төктүм. — Эгер бирден болсо, баарына жетет, — деп жалпы ызы-чууну жана күлкүнү басып кыйкырууга аракет кылдым. Зэктердин арасында шоколад абдан популярдуулукта колдонулчу, өзгөчө түрмөдө берилген бардык акчаларды сигаретке короткондордун арасында. — Уккула, жигиттер, бүгүн мен бул жерде болгон акыркы күн. Силерге белгилүү болгондой, мен тартпайм, ошондуктан силерге жагымдуу бир нерсе жасаш үчүн бир аз акчанын сарамжалдаганга мүмкүнчүлүк болду. Бул аркылуу мен силерге: “Теңир силерге батасын берсин”, — деп айткым келет. Мен баары өзүнүн шоколадын алганына көзүм жетип, эч ким таарынычта калбашы үчүн чиркөөнү айланып кыдырып чыктым. Бул жерден Кургак учуктууну көрүп кубандым. Ал бир аз тартынчаактай көрүнүп турду. Машайакчылык салт боюнча биз ордубуздан туруп, бири-бирибизге бата бердик: Силерде Теңирибиз Ыйса Машайактын ырайымы, Кудай Атанын сүйүүсү жана Ыйык Рухтун баарлашуусу болсун! Оомийин. Баарыбыз туруп турган кезде, мен баарын бир сыйра карап чыктым. Бул жерде бир нече айда түп-тамыры менен жашоосу өзгөргөн камактагылар көп эле. Биздин тегеректе Кургак учуктуу да турду. Ал биз менен бирге сыйынган жок, бирок жылмайган абалда эле. Андан кийин ал коштошуу үчүн менин жаныма келди. — Баары жайында, тууган, — деди ал. — Кудай сага батасын берсин, — дедим жылмая, анын колун кысып. Бошогондон кийин мен Кургак учуктууга да, көптөгөн башкаларга да кат жазганымды уланттым. Жооп катары толгон токой кат келип жатты, эми бул менин кызматым болуп калды: мен Баллингдондогу камактагылардын көбүн кубаттап, шыктандырып турам. Кимдир-бирөө эркиндикке чыкты, кээ бирлери башка түрмөгө которулуп кетти, бирок мен алардын баарына мүмкүнчүлүктүн болушунча барганга аракет кылам. Өткөн алты айдын ичинде Баллингдон түрмөсүндөгү өзгөргөндөрдүн арасынан менден да көп өзгөргөн эч ким болбосо керек. Аркага кылчайып, ошол кайгылуу окуядан баштап өткөн бардык жолумду караганымда, Кудай менин руханий чөлдөн өтүшүмө жол бергенин түшүндүм. Анткени бир гана ал жакта гана Ал менин үстүмдөн иштей алат эле. Бир гана ал жакта Кудай менин өзүмө үмүттөнгөнүмө жана ашыкча умтулуума каршы тура алат эле. Бир гана ал жакта Ал мени тизелетип, моюн сундурууга үйрөтө алат эле. Бул сабакты мага берүү абдан керек болчу. Ыйык Жазууну изилдөө менен, Кудай тандаган көптөгөн адамдар руханий чөлдө сыноодо өткөндүгүн түшүндүм. Кээ бирлерин Кудай чыныгы чөлдөн өткөргөн. Муса жана Ысрайыл уулдары таң калыштуу, кереметтүү жол менен кулчулуктан чыккандан кийин чөлдө кырк жыл болушкан. Бул окуяны мен Мыйзамды кайталоо китебинин сегизинчи бөлүмүнөн окудум жана төмөнкү ачкыч аятты белгилеп койдум: Кудай-Теңириң сени чөлдө алып жүргөндөгү бүт жолуңду эсиңден чыгарба. Анын осуяттарын сактарыңды же сактабарыңды, жүрөгүңдө эмне бар экенин билиш үчүн, сени сынаш үчүн, сени жоошутуу үчүн алып жүргөнүнө кырк жыл болду. Мага окшоп, Ысрайыл уулдары дагы күнөө жасаганын токтотушпагандыгын түшүндүм. Алар Кудайдын улуу жана кудуреттүү иштерин көрүшсө да, Аны менен түзгөн келишимин бузушкан. Баары бир Кудай аларды сүйүп турган. Мен дагы окуп, таң калуу менен Кудай аларга суу, тамак, жыртылбаган кийим жана бут кийим бергендигин таптым. Бул өжөр эл үчүн Кудайдын Өз ою бар болчу. Аягында Ал алар менен сүйлөштү, Ысрайыл эли жаңы ачылышты — Он осуятты алышты. Ыйык Китепти барактай, мен өзүм үчүн чөлдө болгон маанилүү окуялардын баарын ачтым. Жазууну башынан аягына чейин изилдеп, еврей сөздөрүнүн ичинде чөлдү билдирген, “Кудай сүйлөгөн жер” деп которулган сөздү тапканда мен абдан таң калдым. Мен Кудайды дагы терең, терең таанып билгим келди. Жакан Чөмүлдүрүүчүнү “чөлдө жар салган үн” деп аташкандарын билем. Ушул улуу пайгамбардын өмүрүн изилдөө менен өзүм үчүн көп нерсени ачтым. Кудай мени кандай көргүсү келгендигин түшүнө баштадым. Пайгамбар Жакандын кызматы адамдык өлчөм менен караганда кыйла ийгиликтүү болгон. Анын насааттарын жүрөгүнө жакын алгандар чөмүлүү үчүн кезекке турушкан. Мен Жакан Чөмүлдүрүүчүгө окшогон Жакшы Кабар таратуучу болууну кыялдандым. Бирок Жакан өзү анын насаат сөздөрүнүн борбору өзү эмес экендигин түшүнгөн. Ал келе турган Мессиянын алдында жол даярдоочу болушу керек эле. Жакандан болгон Жакшы Кабарды окуганда, мен үчүнчү бөлүмдүн отузунчу аятын белгилеп койдум, ал жерде Жакан Чөмүлдүрүүчү Ыйса жөнүндө мындай дейт: “Ал өсүшү керек, мен болсо кичирейишим керек”. Ыйык Жазуунун бул аятынын үстүнөн канчалык көп ой жүгүрткөн сайын, мен ошончолук чоң кубанычта болдум. Ыйса да Ыйык Рухтун жардамы астында чөлгө алынып барылганын окудум. Ал чөлдө кырк күн, кырк түн болуп, үч жолу шайтан тарабынан сыналган. Ыйык Китептеги башка каармандардан айырмаланып, Ыйса Өз Атасына тил алчаак бойдон калган. Ал бул дүйнөнүн бардык сыноолорунда бекем турду. “Ыйса — туурай турган мыкты үлгү!” — деп чечтим. Мен Баллингдондо Ыйык Китепти изилдөө үчүн жана Ыйса Машайакты таанып билүү үчүн мага берилген мезгилди ыракаттанып эстечүмүн. Чөлдө шайтандын азгырыктары менен күрөшүүдө рухий күчтү көрсөтүү менен, Ыйса моюн сунуунун жеткилең үлгүсү бойдон калды. Денеси жана руху менен моюн сунуп, Ал Өз ийнине бүт адамзаттын күнөөсүн көтөрдү жана Голгофада айкаш жыгачта баары үчүн өлдү. Ал жөнүндө пайгамбарлар эмне дегенин изилдөө үчүн мен байыркы Эски Осуятка кайрылдым. Жыйырма биринчи забурда Ыйсанын Өзү жөнүндө пайгамбарчылык бар экенин таптым. Жетинчи аят так эле мага тийди, ал мага кун-фу күрөш чеберчилигин менин мурунку түшүнүгүм жөнүндө, мен туураган жаныбарлар жөнүндө эстетти. “Мен болсо адам эмес эле, курт болуп калдым”, — дейт Дөөт. Мен жыландын стилин туураган учурларымды эстедим. Чабуул жасаганда, жылан тура калат, ышкырат, анан жооп кылып сокку жасайт. Бул адамдык “мен” дегендин чыныгы чагылдырылышы. Курт, тескерисинче, эч кандай каршы болбойт. Сен эмнени кааласаң, ошонун баарын жасаганга жол берет. Сен аны бутуң менен түртүп кое аласың же басып сала аласың. Чыныгы моюн сунуунун үлгүсү ушундай! Бул образды талкуулап мен көпкө отурдум. Ыйса, Кудайдын Уулу, ааламдын Жаратуучусу мен үчүн жана мен сыяктуулар үчүн, Аны курттай кылып басып таштаганын каалады. Ал үчүн мага дагы канчалык көп азап чегүүгө туура келди? Ыйса бардык мамилесинде таптаза болгон машайакчыны издеген жок. Бирок мен ошондой болууну кааладым. Бул дүйнөдө жашагандардай, мен азгыруунун айланпасына кабыл болдум, мени жумуш, кредиттер, мыкты автомобилге ээ болуу каалосу, башкача айтканда эң жакшы дегендин баары өзүнө тартып кетти. Марктан болгон Жакшы Кабардагы (4:19) Ыйсанын себүүчү жөнүндөгү үлүгүлүү аңгемесин эстедим: “Бирок бул дүйнөнүн түйшүгү, байлыкка азгырылуу жана башка каалоолор алардын жүрөктөрүн ээлеп алып, сөздү басып салат да, сөз жемиш бербей калат”. Жакшы үйгө, кооз буюмдарга ээ болуу күнөөбү деп ойлодум мен. Бирок, азыр мунун баарына кантип мамиле кылууну Ыйса үйрөтүп жатат. Менин максатым ток жакшы өмүр сүрүү болуп калгандыгын өзүм байкабай калыптырмын. Менин рухий борборум ушинтип жылып кеткен. Мен Кудайды издөөнүн артынан эмес, жердик нерселердин артынан кууп кетиптирмин. Менин Кудайга кайрылган биринчи күнүмдөн тартып Пабылдын жашоосун изилдедим. Бул адамга көп жагынан мен окшош болгонмун. Мендей эле, Пабыл улуу күнөөкөр болгон. Мендей эле, ал Ыйсаны ишенүүгө болбой турган абалда жолуккан. Мендей эле, ал түрмөдө болгон. Пабыл өзү жөнүндө мындай деп жазат: “Биз үчүн да сыйынып тургула: Кудай бизге Өзүнүн сөзүн таратышыбыз үчүн, Машайактын жашыруун сырын жар салышыбыз үчүн, эшик ачсын. Мен ошол жашыруун сыр үчүн камакта отурам” (Кол.4:3). Түрмөдө отуруп, мен ой жүгүрттүм. Түрмөнүн терезесинен мен ички короодо сейилдеп жүргөн зэктерди көрчүмүн. Бирөөлөрү өздөрүнүн өткөн кылмыштары менен мурдун көтөрүшчү. Башкалары мага окшоп уялышып, тобо кылышчу. Мындай же тигиндей болсо да, алардын баары өздөрүнүн күнөөкөрдүгүнүн кишенинде эле деп ойлодум. Мен алардын Ыйса Машайактын куткаруучу ырайымын таанып калышын канчалык гана кааладым. Көп мезгилде мен мага келген ойлорду жазып койчумун, кээде болсо Ыйык Жазуунун үстүнөн ой жүгүртүп жатканда кагазга бирдемени калем менен чийгилей койчумун. Блокнотумду карап, мен ойлонбой туруп эле кантондук иероглифтерди жазганымды түшүндүм. Кытайча “адилдик” жана “курмандык козу” деп жазганымды көрүп жылмайдым. Жакандан болгон Жакшы Кабарда Ыйсаны ушинтип аташкан: «Бул — Кудайдын курмандык Козусу, Ал дүйнөнүн күнөөсүн Өз мойнуна алат» (Жкн 1:29). Кудай күнөөкөрлөргө Машайактагы ишеним боюнча сунуш кылган адилдиктин кандай сонун символу! Баллингдондо түрмөдө болгон кезимде мен Кудайдан мындан кийинки жолумду көрсөтүп беришин сурандым. Көп нерселер жөнүндө кам көрүү керек эле. Мени Сара жана Этан менен болгон мамилемдин кандай болушу тынчсыздандырды. Сара күйөөсү жок жашаганга үйрөнүп калды. Этан мени, өзүнүн атасын эч качан билген жок. Алардын жашоосуна мен кантип аралашам? Сара бизге үй издеп баштады, бирок жашоо үчүн керектүү каражатка ээ болуш үчүн жумушка орношуум керек. Эми мени Баллингдондон берген “карышкыр билетим” менен ким жумушка алат эле? Баарынан мурун мен өзүмдүн алдыма максат койдум — Баллингдондогу түрмөгө чейинкидей машайакчы болбошум керек. Мен Кудайдан Ал үчүн эмгектенүүмө, Ал жөнүндө күбөлөндүрүүмө жана Жакшы Кабар таратуума күч беришин сурандым. Бирок эми бул жолу баары такыр башкача болушу керек. “Сенден суранам, Теңирим, мени кубаттай турган жана Сенин алдыңда момундукта жана моюн сунууда жашаганга жардам бере турган адамдар менен курча”, — деп сыйындым. Кудай менин сыйынуума дайыма өз убагында жооп берди. Мен бошоп келгенден эки күндөн кийин, мен дайыма анын жанында жүргөндөй, эч жакка көп убакытка барбагандай, эч кандай Баллингдон болбогондой сезим болуп жатканын Сара мага айтты. Ал кандай гана өзгөргөн! Кудай аны да тизелетип, моюн сундуруптур. Ыйык Китептен жазылып алынган аяттар муздаткычта жана башка жерлерде бар экен. Этан мага бат эле көнүп кетти. Биз аны менен ойноп, кубанып жаттык. Ал “Атаке” деп кыйкырган бойдон менин кучагыма секирген ар бир жолу менин жүрөгүм кубанычка толуп жатты. Мага андан көп нерсени үйрөнгөнгө туура келди. Эркиндикте болгонумдун биринчи жумасынын аягында мен ресторанда официант болуп жумушка кирдим. Мен директор менен ачык сүйлөштүм, акыркы алты айда кайда болгонумду мойнума алдым. Менин “карышкыр билетиме” карабастан, ал кубаныч менен мени өз мекемесине жумушка алды. Айлык абдан аз болчу, бирок ар бир күнү мен жүзүмдөгү жылмаюу менен жумушка келчүмүн. Менин жылмаюум Машайак жөнүндөгү менин күбөлөндүрүүм эле. Мени кайрадан кубаныч каптады. Кудай мага экинчи жолу мүмкүнчүлүк берип жатканын түшүндүм, бул мага дем берди. Өзүмдүн талкаланган күчүмдү колдонуу каалоосу жок болуп кетти, мен Ыйсанын менде жаңы жана дагы жаңы нерселерди ачып берип жатканын сездим. Ишинин оңунда экендигинин маскасын жамынган адамдардын чыныгы жүзүн көрүүнү үйрөндүм. Айланамда ушунчалык көп күнөөкөр адамдар болгондуктан, мен баарына Ыйса жөнүндө айткым келди. Көп учурда автобуста же ресторанда мен тааныбаган адамдар менен сүйлөшчүмүн. Сырттан караган адамга менин жүрүш-турушум таң калыштуу көрүнсө керек, бирок мен үчүн бул эч кандай мааниге ээ эмес эле. Мен канча жолу Кудайды оңтойсуз абалда калтырдым, бирок Ал эч качан менден уялган жок, эми мен Андан уялмак белем? Ушундай жол менен мен Машайак жөнүндө баарына жана бардык жерде эр жүрөктүк менен айтып жаттым. Ошол эле мезгилде Кудай мага ар бир адамга өзүнчө мамиле кылышымды көрсөттү. Менин жолумда кездешкендердин баары эле түз, өжөр Жакшы Кабар таратууга муктаж эмес эле. Бирөөлөргө менин жөн гана жылмайганым, башкасына — аны көңүл коюп угушум керек эле. Кээде мен аңгемелешкен адамга кандайдыр-бир машайакчылык адабиятты же башкаларга таратуу үчүн менин Кудайга кайрылгандыгым жөнүндө жазылган буклетти берчүмүн. Буклетте менин контакттык телефонум жана керек болгон учурда мени менен жолугушууга болгон сунуш бар эле. Мени телефондон болгон коңгуроолор таң калтырды. “Бүгүн сиз менен автобуста сүйлөштүк эле...” же “Биз бир нече жума мурун универсамда таанышканбыз...”. Машайакчылык чөйрөдө өскөн жана Кудай менен качандыр бир кезде келишим түзүп, кийин Аны менен мамилелешүүсү үзүлүп калган адамдар да кездешти. Кудай жөнүндө түшүнүктүү түрдө айтып берген эч кимге эч качан жолукпаган адамдар да болду. Көптөрү мага ыраазы болгон угуучу катары ичиндегилерин айтыш үчүн, өз азаптарын, өз кайгыларын айтыш үчүн кайрылышчу. Бул убакта мен Ли-роуддагы биздин баптист жыйынында анчалык чоң эмес кызмат кылчумун. Баллингдондо түрмөдө отурганымда бир туугандар мага жана Сарага зор көмөк көрсөтүштү. Алар эми мен бошоп келгенден кийин да сүйүү менен мени кабыл алышты. Жыйындын кызматына мен бат эле аралашып кетүүнү кааладым, бирок мен Кудайдын көрсөтмөсүн күттүм. Баллингдондон бошоордун алдында мага Элчилердин иштери китебинин биринчи бөлүмүндөгү бир жер катуу таасир калтырган эле. Ыйса тирилгенден кийин шакирттери Анын каалаганын билүү үчүн Ага суроо беришкен. Ал аларга Ата убада кылганды алганга чейин Иерусалимде калууну буйруду. Ошондой эле Кудай мага буйрук кылды — “убада кылынгандын убактысын күт”. Кайтаруучу Стивен Хембери мага түшүнүү менен карачу жана дайыма жакшы ниеттүүлүк менен кабыл алчу. Ал жаштар менен иштөөдө менин ээ болгон тажрыйбам жөнүндө билчү жана жергиликтүү өспүрүмдөр менен иштөөдөгү жана жаштардын миссиясындагы менин активдүүлүгүмө дем берчү. Ал жыйында менин Кудайга кайрылгандыгым жөнүндөгү күбөлөндүрүүмдү айтып берүүгө чакырды. Мен көп нерсе жөнүндө айткым келди, ошондуктан өз аңгемемди эки бөлүккө бөлдүм. Өзүмдүн күбөлүк-насаат сөзүм болгон экинчи бөлүк менен жарым жылдан кийин бөлүштүм. Эки насаат сөздү тең чоң көңүл коюу менен угушту. Баары менин бала-чагым, өспүрүм курагым, Кудай менен биринчи жолугушуум жөнүндөгү аңгемелерди укканда таң калышты. Бул адамдардын көбү кун-фуга эч кандай мамилеси жок жана зордук мамилеге учурабагандар эле, бирок маанилүүсү башка — угуучулардын кээ бирлерин менин аңгемем өмүрүндө биринчи жолу Ыйса Машайактын реалдуу экендигине ынандырды. Ошол күн мен үчүн чоң майрам болду. Бирок айран таң калтырган реакция менин экинчи жолку насаат сөз айтуумдан кийин болду. Биздин чогулуштагы көп адамдар бир нече жылдардан бери машайакчы болуп жүргөндөр эле. Кээ бирлери кайгылуу жол кырсыгына чейин мен кабылган торго түшүп калышкан. Бул адамдар өздөрүнүн Кудай менен болгон жүрүшүндө кенен жана чаң болбогон жолдорду издешкен. Алар Ыйсага болгон сүйүүсүн жоготуп коюшкан, Ал жөнүндө өз жакындарына айтууну токтотуп коюшкан. Менин алдымда отурган адамдардын көбү, мен аларды жакшы түшүнөм, боорукер, чынчыл адамдар эле. Өз күчтөрүн аябастан алар өз жыйыны үчүн эмгектенип келишкен жана чын жүрөктөн бири-бирин сүйүшөт. — Бирок силер чындап эле Кудайдын эркин аткарууну каалайсыңарбы? — деп сурадым алардан. — Же силер өзүңөргө жана өз күчүңөргө таянып, Кудайга кызмат кылып жатасыңарбы жана мен баскан жол менен баратасыңарбы? Бул жерде мен элчи Пабылдын Галаттыктарга жазылган катындагы сөзүн өзгөчө белгиледим (Гал.2:20): “Азыр мен жашап жаткан жокмун, менин ичимде Машайак жашап жатат...” — Мен мындай жыйынтыкка келдим, — дедим мен өзүмдүн досторума, — менин текебер “мен” дегеним сынмайынча Ыйса менде жашай албайт жана Өзүн мен аркылуу көрсөтө албайт. Өжөрлүк, өзүн сүйүүчүлүк,— деп уланттым, — дайыма өзүн актайт жана адам өз жолу менен баруунун ушунчалык каалагандыктан, чындыкка каршы чыгат жана өзү даңкталууга суусайт. Кудайдын алдында моюн сунмайынча, өз күнөөңөрдү моюнга алмайынча жана Ыйсага өзүңөрдү толугу менен арнамайынча, Ал эч качан силердин жашооңорго кирбейт жана силерде Өзүнүн эрки боюнча иш жасабайт. Силер эч качан Андагы жашоонун толуктугун жана кубанычын таанып билбейсиңер, силер өзүңөрдүн өзүмчүл каалооңордун аткарылганы үчүн өтүп кете турган гана кубанычтарга ыраазы болосуңар. Жыйында жымжырттык өкүм сүрдү. Мен чогулуштагы көп адамдар мени түшүнөт, жакшы түшүнөт дегенимден, өзүмдүн “чөлдөгү” тажрыйбам жөнүндө айтууну уланттым. Өзүңдү ташталган, жалгыз жана талкалануунун чегинде тургандай сезишиң үчүн сөзсүз эле темир тордун артында болуунун кажети жок. Өзүм жөнүндө айтуу менен мен аларды шыктандыра алдым. — Кээде Кудай Өзүнүн балдарына чөлдө кайрылат. Баары бүттү деген учурда, чөлдө силерге кайрылган Анын акырын чыккан үнүн угууга болот. Сыноолордон коркпогула,— дедим аларга. Кайгылар жана азап чегүүлөр келгенде аларды Кудайга болгон өз ишенимиңди жана Ага тил алчаактыкты көрсөтүү үчүн болгон мүмкүнчүлүк катары кабыл алгыла. Тынч болгула! Эсиңерде болсун, Кудай силерди сүйөт жана силер үчүн кам көрөт. Ага толугу менен ишенгиле. Ал эмне кылып жатканын билет. Анын жакшы жана жеткилең эркин түшүнүү үчүн Анын үнүн уккула. Насаат сөздүн аягында көптөрү ыйлап жатышты, мен да ыйладым. Мага бир улгайган эже жакын келди. Анын жүзү Ыйсага болгон сүйүүдөн жаркылдап турду. Ал мага насаат сөз үчүн ыраазычылык айтты жана алдын-ала эскертти: — Сен чөлдө узак жана кыйын жол бастың, — деди ал. — Бирок Кудай сени ал жакка кайра алып барбайт деп ойлобо. Мен селт эте түштүм. Бул күтпөгөн жерден болду. — Сергек бол. Ага жакын бол,— деди ал эже. Ошону менен ал кетти. Анын сөздөрүн мен өз жүрөгүмө сактап койдум. Ошону эстөө менен мен күн сайын өзүмдү Ыйсага берем жана Анын мендеги иши эми башталып жатканын билем. Акыркы бир нече жыл убагында мен өз окуямды жыйындарда, мектептерде, карыялар үйүндө, көчөлөрдө, түрмөлөрдө, спорт залдарда жана Улуу Британия боюнча көптөгөн жерлерде айтып бердим. Кудай менин сыйынууларыма жооп берүүнү жана Жакшы Кабарды насааттаганда мени шыктандырууну улантып жатат. Менин тарыхым — бул бардык адамдарга Кудай жөнүндө жана талкаланган тагдырга ээ болгон адамды Ал кантип айыктыра тургандыгы, мыйзамсызды кантип кечире тургандыгы, жаңы өмүргө кантип кайрадан жарата тургандыгы, келечекти кантип кубаныч жана үмүт менен толтураары жөнүндө күбөлөндүрүү. Мен сиз дагы бул окуяны окуп, өзүңүз жөнүндө ушундай сөздөрдү айта алышыңызды Кудайдан тилейм. Корутунду сөз (авторлор жөнүндө) 2003-жылы Тони Энтони таасирдүү адамдардын көмөгүндө чектелген жоопкерчиликтүү “Аванти” коомун түзгөн. Avanti италиялык тилден которгондо “баруу, кадам таштоо” дегенди түшүндүрөт, бул уюмдун аты Ыйса Машайактын төмөнкү Улуу тапшырмасынан чыккан: Баргыла да, бардык элдерди Мага шакирт кылгыла. Аларды Ата, Уул жана Ыйык Рухтун атынан сууга чөмүлдүргүлө. Силерге буйругандарымдын бардыгын аткарууну аларга үйрөткүлө. Бул дүйнөнүн акырына чейин, бардык убакта Мен силер менен болом. Оомийин. (Мат. 28:19–20) “Аванти” миссиясы жергиликтүү жыйындар менен бирге иштешүү үчүн, аларга Ыйса Машайак жөнүндө Жакшы Кабар таратууда жардам берүү үчүн түзүлгөн. 2004-жылдын башында Тони толугу менен өзүн Жакшы Кабар таратуу ишине арнаган, азыркы учурда ал бир гана миссионердик кызмат менен алектенет. Ал мектептерде, майыптар үйүндө, түрмөлөрдө, кинотеатрларда жана жөн эле көчөлөрдө насаат сөз айтат. Ал өзү жөнүндө айтып берет жана Жакшы Кабарды өз мекенинде жана чет өлкөлөрдө айтат. Берилген жана тажрыйбалуу бир ишенимдегилердин жардамында ал жаштардын чогулуштарын, үй-бүлөлүк майрамдарды жана ар кандай — кичинеден тартып чоң масштабга чейинки — миссионердик иш-чараларды өткөрөт. “Аванти” миссиясы жергиликтүү жыйындарга өзгөчө маани берет, анткени алардын жардамында жакындарга да, алыстагыларга да кийинкиге калтырбай, эң башкысы — негиздүү, өз ордунда, актуалдуу түрдө Жакшы Кабар тарата алышат. Тони Энтонинин тобу келечектеги жакшы кабарчыларды окутуп үйрөтүүгө жана даярдоого, Жакшы Кабар таратуунун методдоруна жана бардык деңгээлге арналган Ыйык китептик курстарга көңүл коюу менен жыйындардын өсүүсүнө жана өнүгүүсүнө түрткү болушат. Тони Баллингдондун түрмөсүндөгү көптөгөн камактагыларды (анын ичинде бул китептеги ысымы аталгандар жана бул жерде ушул убакытка чейин кармалып тургандар), ошондой эле Улуу Британиянын башка түрмөлөрүндөгү камакта отургандарды кубаттап, жардам берүүнү улантууда. Тони жана Сара мурдагыдай эле Эссексте жашашат. Азыр алардын эки уулу бар — Этан жана Жейкоб. Анжелла Литтл жашоо үчүн каражатты адабияттык эмгек менен табат. Мурда “Premier” журналынын редактору болгон, “Authentic Media” жана “Hodder & Stoughton” басмаканаларында басылган көптөгөн эмгектердин жазылуусуна катышкан. Азыркы мезгилде Нортхемптонширде күйөөсү Фил жана уулу Сэмюэл менен жашайт. Кошумча “Аванти” миссиясы жөнүндө кошумча маалымат алуу үчүн www.avantiministries.com веб-сайтына киргиле же Тони Энтони менен түз эле tony@avantiministries.com электрондук дареги боюнча байланышкыла. Эскертүүлөр 1. Кытайлардын үйүндө, өздөрүн философиясы болгондуктан, биздин түшүнүгүбүз боюнча адат болгон дубал болбойт. Дубал үчүн таянычтарды гана коюшат, алардын ортосуна жыла турган тосмо жана экран коюшат. 2. Мындайча айтканда батыштыктарды, ак адамдарды айтышкан. 3. Кантон — Кытай шаары Гуанчжоунун европалыкаты. 4. Даосизм — Байыркы Кытай философиясынын эң бир негизги багыты, ошондой эле Кытай религиясынын «Лао-цзы» трактаты менен негизделген каноникалык дин баяны. Диндин негизги эрежелеринин жыйындысынын негизинде — түбөлүк бакытты издөө, ондогон жакшылык көрсөткүчтөр аркылуу жетүү жана осуятты сактоо. Даосизмдин жолун жолдоочулар анын негизги максаты атайын диетанын жардамы менен ар кандай физикалык көнүгүүлөр аркылуу узун өмүргө жетишүү. 5. Медитация — ой жүгүртүү, ойду топтоо, өзүңдүн ички дүйнөңө батуу. Медитация убагында ой топтоонун ырааттуулугунун натыйжасында ички абалдын тынчтыгына жетишүү, бузулбаган өздөштүрүү курчаган чындык жана дене менен жандын бүтүн биримдик кошулуусу. 6. Маджонг — Кытай доминосу. 7. 1664ж. Маньчжурия көчмөн Цин династиясы Кытайды басып алышып өзүнүн шамдагай чеберчилиги менен данктуу болгон Шаолинь монастырын кыйратып алышты. Болгону тамакашка кеткен үч монах эле тирүү калган. Кайтып келгенде үчөө күйүп жаткан урандыны жана жаанын огу сайылган жолдошторунун денесин гана көрүштүү. Ушул үч монах биринчи «Триаданы» — «Жердин, Адамдын жана асмандын калыстыктын аты үчүн болгон союзун» — Маньчжур-баскынчылары менен күрөшүш үчүн түзүшкөн. Монахтар өлгөндөн кийин алардын ишин улантуучулар циндин үстүнөн темирдей бекитилген тартипти үн-сөзсүз баш ийүүгө жана кандай гана буйрук болбосун аткарууга даяр болгон уюмдун үстүнөн бийликти колго алышты. Бирок «Триаданын» жаңы жол башчылары партизандык согуштун ордуна кул сатууга, деңизде каракчылык кылуучулук, жашыруун түрдө алтын табууга жана рэкеттикке ооп кетишип, муну алар коом тарабынан берилген акча каражаттары Маньчжурлуктар менен болгон күрөштөр үчүн жетишсиз деген шылтоону айтышты. Ошондон баштап «Триада» мафия болуп калды. КНРдеги катуу авторитардык бийликке кийинки элүү жыл аралыгында мафиянын кудуретин азыраак да былкылдата алышпады. 8. Жаачы — жырткыч чымын-чиркей, астыңкы буту күчтүү тикенекчелер менен куралданган жана дем алыш үчүн кызмат кылат. Анын башы кыймылдуу келип, белгиленген курмандыгынын кыймылын көзөмөлгө салганга мүмкүндүк берет. Жаачылар өзүнүн курмандыгын көтөрүлгөн алдыңкы буттары менен кайтарышат (ушундай «сыйынган» позасынан алардын орусча “богомол” деген аты келип чыккан). 9. Улуттук фронт-Великобританиянын экстремалдык фашистик партиясы. Өткөн кылымдын 70–80-жылдары көчөлүк көкүтүү партиясынын курмандыктары Африка менен Азиядан чыккандар болуп калган. 10. Au pair — үй-бүлөдө жашаган (же келип иштөөчү), үй чарбасы боюнча жардам берген чет элдик аял, бала жөнүндө камкордук көрүп жана аны өзүнүн тилине үйрөтүш үчүн тамак-аш жана үй-жайга алмашчу. Мындай жардамчынын кызматын дайым дөөлөттүү үй-бүлө колдончу. 11. Гурктар — элдин шартуу аты, Непалдын борбордук жана түштүк — батыш районунда жайгашкан, ошондой эле бул элдин өкүлдөрү, британ же индия армиясынын кызматчылары. 12. Дим-сам — кытай ашканысынын тамагы; пельменге окшош. 13. Психологиялык манипуляциялоодо өтө эффективдүү жана ошондуктан жалаң эле полициялардын жумушунда эмес, башка жумуштарда да тез-тез колдонулган классикалык ыкма. 14. Эки сызыктуу линия бул жерде токтоого жана парковка кылууга тыюу салынат дегенди билдирет. 15. Паддингтон — Лондондун батыш бөлүгүндөгү район. 16. Таймшер — кыймылсыз мүлктү белгиленген мөөнөттүн ичинде, көбүнчө жылына бир нече жума колдонуу мөөнөтү. 17. Джон Булль — англиялыктарды ушинтип башкача аташат. 18. Жорди — Нортуберленддин тургуну же жашагандарга коюлган ат (түндүк англиялыктар боюнча George деген атты айтуу). 19. Палестинанын бошотуу Уюму. 20. Моссад — Израилдин жашыруунун чалгын жүргүзүүчү кызматы. 21. ЭОКА (ЕОКА, грек тил. кыск. Ethnike Organosis Kyprion Agoniston) — кипр гректеринин аскердик-саясий уюму, Кипрдин Грецияга тезирээк кошулушу жөнүндө чыгып сүйлөшкөн (энозис). 1951-жылы Англиянын Кипрге үстөмдүк кылуусуна каршы түзүлгөн. Чындыгында болсо ЭОКАны түзгөн майда куралдуу топтор, Кипрдеги англиянын аскер кызматчыларына каршы эмес прогрессивдүү эмгекчил элдин партиясынын активисттерине, демократтык уюмдарга каршы террордук акцияны кылып турушкан. Кипрди Республика деп жарыялагандан кийин ЭОКА тобу (т.н. ЭОКА-2) өкмөткө каршы 1974-жылдын 15-июлундагы козголоңго катышышып, мунун арты Кипрде түрк аскерлеринин түшүрүшү менен аяктап, гректер-киприоттор жана түрктөр-киприоттор арасындагы мамиленин курчушу Кипр Республикасынын өз алдынча өлкө катары начарлануусуна алып келди. 22. Патни — Лондондун түштүктөгү чет жакасы. 23. Улуу Британиядагы эмигранттык немец баптист жыйынынын Бир боордоштугунун бутактарынын бири 24. Кью-Гарденз — 1759-жылы негизделген Лондондун батыш тарабындагы чоң ботаникалык бак. 25. Malagas (грек.) — эчки; кызтеке. 26. Интерпол — 1923-жылы түзүлгөн кылмыш полициясынын эл аралык уюму. 27. Колдонулган буюмдар менен соода кылган, түшкөн акчаны кайрымдуулук иштери үчүн колдонгон дүкөн. 28. Рубеус Хагрид — англис жазуучусу Ж.К.Роулингдин Гарри Поттер жөнүндөгү романдар сериясынын каарманы, магиялык жандыктарга кам көрүүдөгү мугалим жана “Хогвартс” сыйкырчылык мектебиндеги токойчу.