Жош Мак-Дауэлл КҮБӨ — I — 1 Кызы тирүү эмес. Аялы болсо дайынсыз. Рафик Рэмзи өз өмүрү үчүн да кооптонуп турат. — Эки гана күн калды, — деди көп жашап калган бул адам, өзүнүн Монте-Карлодогу бай батиринин заңгыраган мейманканасында кадам санай басып, жардыргычтан же жалданма жан алгычтын огунан көрө, өпкө рагынан өлүүнү ачык артык көрө, чылымды биринин артынан экинчисин тарта. — Сиздин алдыңызда эле дагы бир кат алдым. Эгер жума күнгө чейин дагы акча жибербесем, алар Клодетти өлтүрүп, менин көзүмдү тазааларын айтышат. Ошондуктан, Аккад мырза, мен сизден өтүнөм, сиз кулагыма жакшы кабарлар менен келгениңизди угузуңузчу, болбосо мен муну көтөрө албайм. — Бул жолу алар канча каалап жатышат? — Жыйырма беш миллион, — деди Рэмзи. — Мен төлөгөн он бир миллион еврого дагы кошумча. Катардагы адам үчүн бул өтө чоң сумма. Бирок жетимиш тогуз жаштагы Рэмзи катардагы эле адам эмес. Жарым жыл мурун ал көзү өтүп кеткен агасы экөө 1963-жылы негиздеген өзүнүн «Блю Найл Холдингз» компаниясын француз конгломератына (корпорация тобу — Котор. эскер) 563 миллион еврого саткан. Азыр ал Мисирдеги жетишкен бардар адамдардын бири жана Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгыштын ишкер элитасынын тирүү уламышы эле. Марван Аккад баалуу италия терисинен жасалган узун диванга көчүк баса, абалды ойлонуштуруп кирди. Кайсы бир мааниде Рэмзи — чар тарабы келишкен кардар: ал кары, бай жана жүрөгү түшүп турат. Аккаддын бизнеси так ушундай адамдарга карата эсептелген болчу. Бирок, ушул иши менен алек болуп жүрүп, ал бүт жерде адамдардын бузулгандыгынын кесепеттерине — ач көздүккө, коррупцияга, чагымчылдыкка, киши өлтүрүүчүлүккө күбө болду. Баарынан кымбат болгон эки адамынан айрылган бул бактысыз бечара абышкага ал кайрат айтаар эч сөз таппады. Ал секьюритиден (коопсуздук кызматы — Котор.эскер) биротоло кете турган чак келди го деп ойлоду. Аккад эспрессону түбүнө чейин ичти да, Жер Ортолук деңиздин жаркылдаган жымжырт бетине көз чаптырды. Күн батып бара жаткан эле, жээктеги заңгыраган батирдин терезелеринде күндүн батып бараткан нурлары чагылып турду. Ал азыркы өткөрүп жаткан жашоо жолу болгон — вертолеттор, лимузиндер, Арманинин бешманттары жана кевлардан болгон күрмөлөрү тууралуу ата-энем эмне дээр эле деген ой келди. Тобокел канча чоң болсо, акча да ошончо мол. Ийгиликтүү бизнестин ыгы мына ушунда эмеспи? Энеси эмне айтаарын ал билчү. Ал бир кезде анын аскер кызматынан кийин Бейруттан кетип, дарыгер же инженер болушун, Ранияны таап, Парижде отурукташуусун жалынып-жалбарып суранган эле. Ал анын коопсуз жана бейпил өмүр сүрүшүн, анын өсүп жетилген, тынч жана ийгиликтүү иш менен аракеттенген уулдарынын болушун каалаган эле. Бирок ал энесине кулак салбаган акылсыз бала болду. Энеси анын байларга пайда табуучулар менен наркомагнаттар тарабынан туткундалган жубайларын кайтарып берүүгө, кардарларды Багбад, Масул же Фаллуджиден чыгарууга жардам берерин элестете алар беле? — Жаңылыктар бар,— Марван Аккад акыры үн какты. — Бирок, жакшы эмес деп корком. — О Клодетт? — Рэмзи жоопту талап кылды. — Бул жырткычтар аялыма бир нерсе кылыштыбы? Мен аларды өлтүрөм! Ант берем сизге, Аккад мырза, алардын изин таап, азап чегүүгө мажбур кылмайынча жаным жай албайт. Аккад каршы боло баш чайкады. — Иш Клодеттке байланыштуу, бирок бул сиз ойлогондой эмес. Келиңиз, олтуруңуз. — Сизге эмне маалым, айтыңызчы. — Мен айтам, Рэмзи мырза. Бирок, суранам сизден, олтуруңуз, мен баарын сизге айтып берем. Рэмзи акыркы эки жумада ден соолугу абдан начарлаган, салмактуу киши, кыйнала креслого отура, кезектеги чылымды түтөттү. Анын туталанган көздөрүндө ашыккан үмүт бар эле. Ал алдыга эңкейди. — Суранам сизден, Аккад мырза, мени менен ойнобоңуз. Созбоңузчу. Аккад баш ийкеди. — Рэмзи мырза, Сан-Пауло жөнүндө эмне билесиз? Суроо абышканы бушайман кылды. — Бразилиядагы шаарды айтып жатасызбы? — Ооба. — Эч нерсе билбейм, — Рэмзи ийнин куушурду. — А сиз эмнеге сурап жатасыз? — Чын эле эч нерсе билбейсизби? — Аккад айтканынан жазбай уланта. — Мен эмне, бир нерсе билишим керекпи? — Ал жакта «Блю Найлдын» заводдору же өкүлдүктөрү жокпу? — Жок. — Сиздин жетекчилигиңиздин эч кимиси ал жактан келген эмеспи? — Жок. — Балким кызматташтарыныздын арасынан — ал тараптан келгендер бардыр? — Менимче, жок. — А сиз Сан-Паулого жумуштар менен барган жок белеңиз? — Жок, деп жатам сизге. — А аялыңыз менен эс алууга? — Кандай эс алууга? — күңк этти Рэмзи. — Мен колу бошобогон ишкермин. — Мырзайым Рэмзи өзү Сан-Паулого эмне үчүндүр барган жок беле? — Албетте, жок. — Сиз толук ишенесизби? — Мен түшүнбөй турам, эмне… — Рэмзи мырза, күмөнүңүз жокпу? — деди Аккад жооп алуудан кайра тартпай. — Жакшылап ойлонуңуз. Рафик Рэмзи турду да, чылым соро кайрадан бөлмөдө ары-бери баса баштады. — Дегинкиси, анын ал жакта болушу ыктымал, — тыныгуудан соң ал үн какты. — Бул тууралуу мага айтып бериңизчи. — Айта турган деле эч нерсе жок, — деди Рэмзи. — Клодеттин бөлөсү бир ирет бразилиялык адамга турмушка чыккан эле. Бул бир жарым жылга созулду, анан алар ажырашып кетишкен. — Сиз тойго бардыңыз беле? — Аккад сурады. — Мен барган эмесмин, бирок Клодетт барган. Ага жаккан эмес. Мен Сан-Паулону айтып жатам. Эл өтө көп, өтө ызы-чуулуу. Аялым айткандай, Нью-Йорктой, бирок аныкындай көрк жок. — А той качан болгон эле? — Билбейм, 3-4 жыл мурун болсо керек эле, — Рэмзи бардан өзүнө ичимдик куюп жатып жооп берди. — А эмне? Бул суроолор эмне үчүн берилип жатат? Аккад эңкейип, портфелин ачты, андан чоң конвертти сууруп алды да, Рэмзиге сунду. — Бул эмне? — сурады абышка, мартини бир ууртап. — Ачыңыз, — деди Аккад. — Өзүңүз көрөсүз. Аккадды көз ирмемге карап алды, андан кийин стаканын коюп, жакын келип кат баштыкчаны алды да, жайбаракат аны ачты. 20Х25 өлчөмүндөгү кара сүрөттү сууруп чыгып, өңү кумсарып кетти, анын жүзүн маң кылган түшүнө албастык каптады. Анын колунда эки күн мурунку убакыт жазылган аялынын сүрөтү турду. Кун талаптарга кошуп жиберилген мурдагы сүрөттөрдөн айырмаланып, бул сүрөттө аялы байланган эмес. Оозуна тыгылган эч нерсе жок эле. Ал кайсы бир мекеменин үстөл четинде олтурат, кызматкер же башкаруучу менен сүйлөшүп жатат. — Мен… түшүнбөй турам, — дей алды акыры дирилде ген үн менен, а колдору титиреп турду. — Бул эмнеси? Бул сүрөттү кайдан тартышкан? — Бул сүрөт Сан-Паулодогу банктагы жашырылган камера менен тартылган, — деп түшүндүрдү Аккад. — Кун төлөм катары сиз жиберген акчаны аялыңыз алып жатат. Рэмзи уккан кулагына, көргөн көзүнө ишене албай турду. — Эмне деп жатасыз, Аккад мырза? — деди акырында абышка. — Эмне, менин аялым… сиз аны мунун баарын алдын ала ниеттенген деп ойлойсузбу? Эмне ал мени сатып кеттиби? Аккад эч кандай жооп айтпады. Ага иш аракет кыймылын кантип сунуш кылардан мурун, ал ачуу чындык кардардын акыл-эсине сиңгичекти күтүп турду. Бирок муну кылууга үлгүрбөй калды. Эки ок атуу жаңырып, күзгүлүү айнектер учуп талкаланып кетти. Абышка кулап калды, анын оозунан жылжып кан акты. Рафик Рэмзи мерт кетти, Марван Аккад кезектегиси — өзү экенинен чоочулап калды. 2 Марван калдайган калың эмен үстөл артына жашына калды. Илинген сүрөттөрдүн жээктери менен идиш-аяктарды быт-чытын чыгара талкалаган жаңы атуулар шуулдады. Октор туш-тушка учту. Бөлмөгө Рэмзинин куралданган эки сакчысы жүгүрүп кирип келишти, бирок алар каршы ок чыгаруу тууралуу айтмак түгүл, көзгө атаардын турган жерин тактаганга да үлгүрбөй мүрт кулатылды. Марван телефонду кармай калды, бирок байланыш кесилген болчу. Тапанчага умтулуп жатып, кире бериште аны сакчы алып койгонун эстей койду. Байыркы айнек кумуралар коллекциясынын чачырандылары төбөсүнөн туш-тарапка чачырады. Октор айланадагы эмеректердин таш-талканын чыгарды. Бул жерде калууга мүмкүн эмес эле. Рэмзини өлтүргөндөр оптикалык туура мээлеткич куралын колдонушканы бышык. Алар анын бөлмөдө экенин жана так кайсы жерде турганын да билишкен. Марван солго тоголонду да, өлүп жаткан жан сакчыларга сойлоп барды. Атышуу күчөдү. Ал алардын куралдарын ала койду жана Рэмзинин аялынын сүрөтүн иле калып, ачык турган эшик аркылуу ирегеге чумкуп жетти. Лифттен дагы эки сакчы чыга калды. — Жат! — Жат! — кыйкырды Марван. Жаңы атуулар уланды. Биринчи сакчы жерге кулады. Экинчисинин жолу болбоду. Ага эки ок тийип, сыздаткандан онтолоп кирди. — Тезирээк, Аккад мырза, шатыга! — өз жолдошуна кандайдыр бир жардам көрсөтүүгө тырыша, бирок ага эми жардамдын кереги жок болуп калгандай. Марван кеңешти угуп, тапанча менен даяр шатыга чуркап келди: тыякта аны күтүп туруулары мүмкүн эле. Баары таптаза болуп чыкты. Ал он тепкич ылдый жүгүрүп түштү, ойлору чар жайыт эле. Ал чыга беришке жүгүрдү — кокустан анын айдоочусу дагы эле ушу жерде чыгаар. Ал калың топтон тааныш жүздү кыдырата издей баштады, бирок тапкан жок. Полициялар менен өрт өчүргүчтөрдүн коркунуч берүүчү белгилери угулуп турду. Элдер кыйкырып жатышты. Накта баш аламандык болду. Бирок атышуу токтоду, жок дегенде азырынча токтоп турат. — Аккад мырза! — деп үйүлгөн топтун ичинен кимдир-бирөө аны чакырды. Имаратка сакчылар менен штаттагы чалгынчылар жулунуп кирип келишти. Тургундардын көбү лифттен суурулуп чыгып жатышты, алардын жүзүнөн дүрбөлөңгө түшкөнү көрүнүп турду. Өңү тааныш бирөө да болбоду, бирок ал жанагы үндү кайрадан укту. — Аккад мырза, мен мында! Бурула карап, өзүнө карай чуркап келе жаткан айдоочусун — кыска бойлуу, ак көңүл адамды көрүп калды. — Аккад мырза, — деди тиги күшүлдөй сүйлөп, — бул жактан кетишиңиз керек. Ушу жерде күтө туруңуз, мен унааны алып келе калайын. — Сиз менен барам, — деди Марван. — Жок, жок, мырза, — айтканын бербей айдоочу. — Мен бат эле келе калам. Монакодогу эң бир заманбап, бай жана белгилүү турак жай комплексинин бирин таштап качууга умтулгандардын үймөктөлгөн тобун буйтай аралап өтүп, ал чыга беришке келип калды. Марван талашкысы келген жок. Ал ойлоно турган нерсе бар. Клодетт Рэмзи жана анын шериктештери анын акча котормолорун көзөмөлгө алганынын билишеби? Анын Сан-Паулого чыкканын билишеби? Рафик Рэмзини ушул из менен барууга жол бербөө үчүн өлтүрүштүбү? Бирок кантип мындай болушу мүмкүн? Ал бул жөнүндө Рэмзиге болгону азыр эле, өлөөрүнөн бир мүнөт мурун айтпадыбы? Рэмзи «Аккад жана кызматташтар» чалгынчылыгын он күн мурун жалдаган. Буга чейин көптөгөн жылдар бою анын коопсуздугу менен париждик фирма иштеген. Ал Аккаддын компаниясына кыздары өлүп, аялы жоголгондон кийин гана кайрылган жана ушул кылмышты гана изилдөөсүн суранган. Марван дагы адамдарды кошууну же толугу менен француз жан сакчыларын өз адамдары менен алмаштырууну сунуштаган, бирок Рэмзи мындан баш тарткан. Опузалап коркутуп жаткандарды чочулоого түртө турган, ал абдан сүйгөн аялына алардын кыла турган мамилелерине кедерги боло турган, байкала турган өзгөртүүлөрдү киргизүүнү каалаган жок. Бул оорду толбос каталык эле. Марван ар тараптан полициянын, башка унаалардын кандай келип жатканын көрдү, массалык маалымат каражаттарынынын кызматкерлеринин да кечикпей тургандыгын түшүндү. Ага Европа жана Жакынкы Чыгыш гезиттеринин беттеринде көркүн көрсөтө жайнап чыгышы эч кандай жакшылык алып келбейт. Дүркүрөп өскөн сакчылык мекемесинин башкы уюштуруучусунун эңсеген жарнамасы мындай эмес. Ал саатына карап алды да, аянттагы үймөк топко көз жүгүрттү. Акыры ал айдоочусунун мизилдеген жап-жаңы «Рэндж Роверге» олтуруп, от алдырып жатканын көрүп калды. Марван имараттан чыкты. Ал бул жактан мүмкүн болушунча эртерээк көздөн кайым болууну каалады. Бирок аянттан өтүп бара жатканында жүрөктүн үшүн алган жарылуу джиптин таш талканын чыгарды, соккунун эпкини Марванды төшөмө жолго ыргытты. Түтүн менен жалын тилдери асманга атылып чыкты. Сыныктар, корпустун кесиктери күйгөн бойдон мөндүрдөй төгүлдү. Мына ушул үрөй учурган чакта, анын артынан да ууга чыгышканын Марван түшүндү. 3 Айланада өлүктөр сулап жатты. Жарадарлар жардам сурап кыйкырып жатышты. Башкалар эстери теңселген абалда, эмненин эмне үчүн болгонун түшүнө албай, чалына басып жакындарын, досторун издеп жүрүштү. Марван өйдө турду, кагынып жана бетиндеги канды сүрттү. Ал сакчылардын тапанчаларынан алынгандардын биринен ок дүрмөкчөсүн сууруп, андан бармактардын тактарын аарчып, жакын турган таштанды чакага ыргытып жиберди. Экинчи тапанчаны кур артына бешманттын алдына тыкты да, болгону бир нече квартал аралыкта турган шаардын борборуна чуркап жөнөдү. Ал мейманканага кайтып келип, буюмдарын чогултуп кетүүсү керек эле. Аны токтотууга аракет кылган адам болбоду. Бардыгы, ал ким, неге мынча ашыгат деп, сураштыра тургандай абалда эместей туюлду. Марван өтүп бараткан таксини тосту. — «Ле Меридьен», — деди ал айдоочуга, унаа оордунан жулкунду. Күн тоо артына жай батып баратты. Шаарда оттор жандырылды. Кафе жана казинолор ачылды. Болгон окуя жаңылыктары жакын арада тарала турганына карабастан, Монте-Карло, байлар менен атактуулар көңүл ачаар жер, жанданды. Марван кеме токтоочу жай тараптан яхталардын сөлөкөтүн көрдү. Ал бир тууганына телефон чалуу зарыл деп ойлоду, акча керек, учакка билет керек. Бирок кайда? Италиягабы? Же Франциягабы? Ал качып баратканы, бул, өз күнөөсүн мойнуна алганга барабар боло турганын түшүнүп турду. Бирок, өткөндү эске ала турган болсо, анын башка жолу жок. Кала турган болсо, демек бул — өзүнө өлүм өкүмүн чыгарууну билдирет. Албетте, полицияда аны ыкы-чыкысына чейин сурак кылары бышык. Рафик Рэмзи менен аны ким тааныштырды? Эгер ал үчүн француздук сакчы мекеме иштеп жатканын билген болсо, эмнеге Монте-Карлого келди? Алардын жолугушуусу эмне үчүн Рэмзинин өлүмү менен аяктаганынын ал кантип түшүндүрүп бере алат? Сакчылардын куралын эмнеге алды? Эмне үчүн өзүнүн менчик тапанчасын кайрып алган жок? Алар дагы башка суроолорду беришет. Ал алардын биринчи жолугушуусунда Ремзинин айтканы жөнүндө ойлонуусун улантты. Такси мейманкананын алдына токтоду. Марван айдоочуга акысын төлөп берип, анын күтүп турушун өтүндү: кармалгысы келген жок. Имаратка кирип, лифт менен бешинчи кабатка жөнөдү. Лифтте ага Ранияны эсине салган жыйырма жаштардагы жагымдуу аял турду. Узун кара чач. Жоодураган бото көз. Ак жибек кофта. Кара юбка. Кара туюк байпак. Бермет мончок. Ачык кызыл тырмактар. Кыпкызыл помада. Балким, ашыкча калың көз боектор. Ал ыңгайсыз жылмайды. Кадимки учур болгондо, Марван жылмайа жооп берип, аны сөзгө тартмак. Бирок, бүгүн эмес. Ал өз оюн бир жерге топтоого мажбур кылып, бир жарым жума мурун Рэмзи менен телефондогу сүйлөшүүсүн эстей баштады. Жалпы маңызын ал жакшы эстей алат. Рэмзи аялын сулуулук салонунан, кыздарын мектептен үйгө кайткан жолдон уурдалгандыгы тууралуу окуялар жөнүндө айтып берген. Уурдалган аялынын артынан кун төлөө талабы коштолду, а кыздарынын уурдалышы аларды өлтүрүү менен аяктады. Марван оюнда күмөн санагандарын талдап кирди. Рэмзи анын үй-бүлөсүнө кол салууга ниети, каражаттары жана мүмкүнчүлүгү бар деп ойлогон он чакты мурдагы жумушчулары менен атаандаштарын атаган. Бирок Марванды дагы бир күмөн тынчын кетирди. Коңгуроо угулду, лифт үчүнчү кабатка токтоду. Аял чыгып баратып, уюлдук телефонун чыгарды да, номерлерди тере баштады. Көңүл ачууга кыпындай кылыктанбай түп-түз, ишенимдүү басыгы менен ал кайрадан ага Ранияны эстетти. Лифттин эшиги жабылды. Марван ой үстүндө Рэмзи менен болгон сүйлөшүүгө кайтып келди. Абышка француз чалгынынын эки чалгынчысы 250 миң евро талап кылып, болбосо алардын салык кызматындагы достору «Блю Найл Холдингизди» салык төлөөдөн четтөө, так эсеп жүргүзүүнү бузуу иштеринин үстүнөн текшеришет деп коркутууга аракет жасаганын айтып берген. Алар анын компаниясына жана өзүнө шек туудура турган билдирүүлөрдү гезиттерге берерин билдиришкен. Ошондо компанияны жетекчилиги Парижде жайгашкан көп улуттуу корпорацияга сатууга аракет кылган. Узакка созулган атайын изилдөө, акыр аягы арыздын негизсиздигин ырастаганы да, келишимге кедергисин тийгизмек. Мажбурлаган сумманы «кеңешчинин кызматы» катары төлөп бергенин Марванга айткан. Бирок алар дагы бир миллион евро талап кылышканда, ал Интерполго кайрылган. Чалгынчылар кармалышкан, аларга 25 жылдан жаза коркунучу турду. Бирок, шериктеринин атын атоого убада берип, келишим түзүшөөрү менен, камерадан алардын өлүгүн табышты. Кылмыштын бети ошол бойдон ачылган жок, иш токтотулуп коюлган. Ал эч нерседе аларды айыптабаса деле, Франциянын атайын өкүлчүлүгү Рэмзиден кечирим сурашты, кылмышкерлер өз алдынча иш алып барышканына жана француздук атайын кызматтын же бийликтин эч кандай өкүлдөрү эмес экендигине аны ынандырууга абдан жан үрөшкөн. Ошого карабай, Рэмзи бул иштин артынан аларды ооз ачтырбас үчүн түрмөдө тынчытууну уюштурган жок дегенде бир француздук чалгындоо кызматкери турат деп шектенген. Ал Рэмзиден азыр да акчаны опузалап коркутуп алып жатат. Ошондуктан Рэмзи эч кимге ишенбей туруп, Марван менен байланышкан. Эгер ага (өз алдынча болсо да) француз чалгынынын кайсы бир атка минээри каршы чыгып жатса, кандайдыр бир париждик полиция кызматкери ишти ачат, кылмышкерлерди жоопко тартат деп элестетүүгө болобу? Лифт бешинчи кабатка токтоду. Марван ойго батып, чыкпай турду. Мүмкүн, Рэмзиники туурадыр? Анын аялы эң башынан эле ушул белгисиз чалгынчы менен иштеп жүрүшү да ыктымал? Эмне үчүн? Анын ниети кандай болчу? Рафик жана Клодетт Рэмзи бактылуу жубайлардай көрүнчү: жетиштүү жашашкан, бири-бирин сүйүшкөн, ал акыры ишкерчиликтен кеткенде, бүтүндөй ырахатта өмүр сүрүүнү ниеттенишкен. Эмне болуп кетти? Лифттин эшиги жабыла баштады. Марван өзүнө келди. Мунун баарын талдоого анда дагы убакыт болот. Азыр буюмдарды алып, калаадан чыгып кетиши керек. Эгер полиция аны менен аңгемелешкиси келсе, аны таппай койбойт. Бирок ал көзгө атаардын огун же соңку жардыргычты күтүп олтургусу келбейт. Эшикти токтотту да, чыга калып, ал байкагандай адаттагыдан караңгыраак, бир нече чырактар күйүп кеткендей же атайын буралып чыгарылгандай коридор менен оңго бурулду. Кокусунан коридордун артынан караан жылт этти. Марван мүнөздүү шилтемди укту да, аны таап алышкандарын түшүндү. 4 Коридордо октун үнү тарс эткенде, Марван солго ыргыды. Ок жанындагы дубалды тешип, шыбагы чачырап калды. Ушул учурда коридордун башка тарабындагы эшиги ачылды. Марван артка кайрылып, үрүң-бараңдан дагы бир адамды көрө калды — бул лифттеги аял болчу. Марван жерге кулады, анын үстүнөн дубалга дагы эки ок урунду. Мээлеп туруп, аялды эки ирет, анан бурула калып, алдыдагы адамды — дагы эки жолу атты. Октордун бири да тийген жок, бирок бир нече секундду утту. Бир нече чакырым алдыраак оң тарапта бөлмөлөрдүн бирине алып баруучу өтмөк бар эле. Баш калкалоо өтө ишеничтүү эмес, бирок башка чара жок. Ал кайрадан эки тарапка эки иреттен атты да, каршы ок атуулар жаңырганда, бурч артына ыргыды. Азырыныча кол салгандардын бири да аны таамай көзгө ала албады. Бирок бул көпкө созула бербейт. Дагы ок атуулар тарсылдады. Жакындап келе жатышат. Кадам артынан кадам. Анда саналуу гана бир нече көз ирмем бар эле. Марван экиден эки жолу оңго, солго аткылап, анан үстүндө турган «Тынчсыздандырбагыла» тактайчасын тоголоно өттү. Анан эки буту менен эшикти чыгара тээп, аны бүтүндөй түбүнөн суура ичкериге чумкуду. Жаңы атуулар жаңырды. Бөлмөдө тамактарга толгон арабанын артында өлгүдөй корккон жаңы баш кошкон жубайлар бири-бирине жабыша турду. — Керебет алдына! — шыбырай буйрук берди Марван. — Тез! Өзүнүн каракчы эмес экенин түшүндүрүүгө убактысы жок эле. Колдон келишинче алардын коопсуздугун камсыз кылууну гана көздөдү. Алар жабуусу бар керебеттин алдына жөрмөлөп киришти, көздөрүн андан албай, ал тапанчадан кантип бош дүрмөкчөсүн сууруп, жаңысын орноштуруп жатканын байкап турушту. Андан соң ал айнек эшикти жылдырып, балконго чыкты. Мына ушул учурда ок атууну уга калды, октун оң желкесинен өткөнүн сезди. Соккудан алдында бычырап жаткан айнек үстөлгө сулады. Өзүн башкаруусун жоготпой кармап, тоголонду да, башка колу менен жүзүн жаба бөлмөнү көздөй ок чыгарды. Эшик миңдеген майда сыныктарга тарап туш-тушка учуп кетти, бирок таамай тийди. Бермет мончок тагынган аял көкүрөккө эки ок жеди. Ал чыңырып кулады. Бирин тынчытты. Дагы бирөөсү калды. Сыздатканына карабай, өйдө туруп сыныктарды кагып-силкип, кол салууну күткөн эшиктин босогосу тарапка мээлегенин уланта бөлмөгө кайтып келди. Жаш келин бат-бат дем алып жатты. Жаңы күйөө келинчегин жубатууга аракеттенип жатты, бирок баары курулай эле. Марван ачуулангандан кайнап чыкты. Токтоп бермет мончоктуу аялдын тамыр согуусун кармап көрдү. Жаны чыга элек экен. Тамырдын согушу өтө сейрек жана анда-санда гана. Ал анын тапанчасын ары ыргытып, аны оодарды да, көйнөгүнүн кандай тез кызарып баратканын көрдү. Өзүнө бир нече секунд ута, эшикти атты, анан аялдын мойнуна тапанча такады. — Ким сени жөнөттү? — тиштене сурады Марван. Аял дээрлик эс-учун жоготкон эле, араң жылмайды, бирок эч кандай жооп кайтарган жок. Марван суроону французча кайталады, бирок эч кандай жооп айтпады. — Клодетт Рэмзи — мына ошо сени Сан-Паулодон жөнөттүбү? — жоопту Марван талап кылды. Аялдын жүзүндө күтүлбөгөн жерден коркунуч жана айран таң калуу көрүндү. Бул ысым ага тааныш экени анык болду. Ал Сан-Пауло жөнүндө да билген. Тапанчаны аялдын мойнуна күчөтө кысты, бирок ал сүйлөгөндөн баш тартып жатты. Капыстан көздөрү аңтарылып кетти, ал өлүп калды. Марвандын жүрөгү адреналин менен өч алуу чаңкоосунун күркүрөгөн кошундусун кескин түрдө түртүп чыгаруу менен катуу кагып турду. Аялдын тапанчасын алып, ок дүрмөкчөсүн текшерүү менен эки колдоп аткылай коридорго атырылды. Күүгүм ичине жашырынып алган экинчисинин тирүү калууга мүмкүнчүлүгү жок эле. Марван анын денесинин үстүнө экөө тең бош калган тапанчаларды ыргытты. Анан өлүктүн колунан тапанчаны, анын бешмантынын чөнтөгүнөн — запас ок дүрмөкчөсүн алды. Анын капчыгы да, паспорту да жок экен. Марван жаш жубайлардын бөлмөсүнө кайтып келди. Бермет мончоктуу аялдын да документтери жок эле. Булар — аты-жөнсүз, көзгө көрүнбөс, табылгасын караңгыда изинен аңдышып, капилеттен качырып кирүүчү, алгыр адистер эле. А эгер Рэмзиники туура болсочу? Эгер бул чындыгында эле ошондой болсо, алар — француз чалгынчыларыбы? Азырынча бир нерсе анык: алар эсебинен жаңылып калышты. Ийни кандай сыздатканын, айнек сыныктары толтура кесип кеткен жерлеринен бетинде кандын кандай агып жатканын Марван эми гана сезди. Ал ачуу үн менен белги берген полициялардын машинасынын үнүн угуп калды. 5 Ушул жерде калыш керекпи же кетиш керекпи? Чечимди токтоосуз чыгарыш керек эле. Мына азыр эле полиция мында болот, бул анын сар-санаасын таптакыр азайтпады. Бул өз башын коргоонун нак мисалы. Бирок мунун кандай мааниси бар эле? Анын артынан аң уулоого чыгышкан. Аңчыларга анын ар бир кыймылы белгилүү болгон. Алар анын Монакого келгенин билишет. Чоочун бирөөнүн атынан жасаганына карабай, анын «Меридьен» мейманканасына токтогонун билишет. Алар анын Рэмзи менен качан, кайсы жерде жолугушаары жөнүндө кабардар. Кандай унаа менен бара тургандыгы, кайсы лифт менен көтөрүлө тургандыгы аларга белгилүү. Бул кандай болушу мүмкүн? Алар кайдан билишет? Албетте, анын изине тузак салуучулар европалык же жергиликтүү полициянын тыңчылык кызматтарына эч кандай тиешеси жоктугу толук ыктымал. Бирок мунун чындыкка жакындыгы кемий баштады. Башка дагы ким артынан түшмөк? А сапары тууралуу өтө көп эмес сандагы адамдарга гана маалым эле жана ал эки күн мурун гана ойлонуштурулган. Марван аны мейманканага алып келген таксистти табууга аракет кылууну чечти. Эгер ал дагы деле ылдыйда болсо, эгер аны баш аламандык үркүтпөсө, полиция анын ал жерден кетүүсүн талап кылбаса, күтүү аны тажатпаса, — Марван муну изин жашыруунун керектиги — Кудайдын белгиси катары кабылдайт. Ал Миланга аттанат, а ал жактан — Римге, мүмкүн болушунча батыраак Бейруттагы тууганы менен байланышат. Эгер такси жок болуп чыкса, изин суутуу мүмкүнчүлүгү четке кагылат, Марван калып калышы керек экендигин, анын тагдыры алаканда, жагдайдын жагымдуу чыгышына үмүт кыла полицияга жөнөшү керектигин түшүнөт. Эгер чолоосу чоңураак болгондо, эң сонун ой ойлоп тапмак. Бирок болгону бир нече көз ирмем убактысы гана бар. Тапанчаны капчыгына сунуп, Марван жуунчу бөлмөгө жөнөдү, бети колун жышып жууду. Колдон келишинче, канды кетирүүгө аракет кылды, анан нымдуу кагаз сүлгү менен ийининдеги сыздаткан жараатты жууп тазалады. Булгаары курткасы соккуну бир канча алсыраткан, бирок жаратты тигиш керек болот, а атайын адистин жардамысыз күчөп кетүүсү мүмкүн. Бирок азырынча ооруну басаңдатуучу дары-дармектерди ичүүдөн бөлөк эч чара көрө албады, желим кутучадан аларды өзүнө бөлүп салып, ошону жасады. Таңууну жаңыртуу иретинде куртка алдындагы жараатка кагаз сүлгүнү басып, кан синген сүлгүнү ыргытып жиберди. Анан жуунчу тепшинин жанындагы дубал шкафтан жаш жубайларга таандык буюм-тайымдуу баштыктардын бирин ала коюп, кырсык болгондо чыга турган эшикти көздөй чуркап жөнөдү. Тепкич менен түшүп келип, мейманкананын капталдагы эшиги аркылуу баш багып карады. Полициянын бир унаасы келип калды. Унаадан эки полиция атып чыгып, залга чуркашты. Таксист дагы эле күтүп олтуруптур. Бир нече чакырым таксиге чейин чуркап келип, арткы жагына олтура калды. — Аэропортко, — деди французча. Айдоочу ордунан козголгон жок. Марван муну англисче кайталады, бирок кыймыл жок. Таксистти ийинден силкилдетип ойготуш үчүн, алдыга эңкейип жатып, канды көрүп калды. Айдоочу сол чекесине атып өлтүрүлгөн. Марван кайрадан тапанчасын сууруп чыкты. Токтоочу жайды, жолду, негизги кирүүчү эшикти карап чыкты. Эч ким жок. Жакындап келе жаткан полиция унааларынын белги үндөрү угулуп жатты. Бул жышаан эмнени билдирет? — деп ойлоду ал. — Такси ордунда, бирок айдоочу жок. Мына ушул жерде аны шумдуктуудай ой эсин учурду. Эшиктерде, унаанын ичинде анын колунун из тактары толтура. Эгер азыр жашына турган болсо, киши өлтүрүүдө шектүү болуп чыгат. Кармалууга тийиш болот. Анын мансабынын күнү бүтөт. Анын ишканасы кыйрайт. Бардарлар, ким киши өлтүргөндүгү үчүн издөөдө жүрө турган болсо, аларды — тигилер айыбы жоктугун качалык жан талашып тастыкташпасын, жан сакчы болууга жалдашпайт. Бирок кача турган болсо, ал калып калганда ала албай турган, бир артыкчылык болот, бул — жанын сактап калуу мүмкүнчүлүгү. Өткөндүн баарын эске алуу менен, Марван Монте-Карлодо калып калса, өзү өлүм өкүмүнө кол койоруна толук ишенди. Тигилер, артынан ууга чыккандар, ал жөнүндө ашыкча көп билишет, демилге да аларга таандык. Жашырына, Монакодон жана Европадан кетүү менен, ал тузактан жылт кое турганына үмүттөнө алат. Ким, эмне үчүн анын артынан сая түшкөнүн, мындан ары эмне кылууну талдаганга убактысы болот. Ал чечти. Жашырынышы керек. Марван туш тарабын, артын карап чыкты. Жакын арада эч ким жок эле. Алдыга умтулуп, алдыңкы олтургучтун арка белин сууруп алып салды. Таксисттин денесин арткы олтургучка өткөрдү да, сыртка чыкты, унааны айланып өттү, алдыңкы эшикти жана жүк салгычты ачты. Ал жерден жука жууркан менен жол картасын тапты. Жууркан менен өлүктү жапты да, картаны алдынкы олтургучка ыргытты. Ыпыр-сыпыр салгычтан унаа документтери, камсыздоо күбөлүгү, эсеп дүмүрчөктөрүнөн башка дагы бир таңгак кагаз сүлгү, кетчуп куюлган баштыкчаларды тапты. Сүлгүлөр ишке жарайт. Марван кайтадан бардык тарапты карап чыгып, колдон келишинче ошончолук кылдат, болушунча бат унаанын ичин сүрүп кирди. Баарынан да Марван үчүн жакшы болгону — айдоочуну өлтүрүшкөн мезгилде, ал тараптагы терезенин ачык турганы жана анын бүтүн калганы болду. Марван унаага олтурду, терезени жаап, от алдырып, дагы бир жолу күзгүнү карап алды. Ийни сыздатып жатты, бирок бул жөнүндө ойлонууга азыр убактысы жок. Полициянын күйүп-жангычы жакындоодо. Полицияларды мейманкананын менеджери борбордук ирегеде тике тура тосуп алды. Ал Марван тарапка бир деме деп кыйкырды, тиги өтүп кет деген белги катары кабыл алды. Мейманкананын токтоочу жайынан акырын жыла, Марван батышка бурду. Италияга кетүүнү ал катачылык болмок деп чечти. Франция — мыкты тандоо. Марселде анча көп эмес акчасы, кийим-кечеси, жасалма паспорттору бар. Европа жана Жакынкы Чыгыштын бир нече шаарларындагы ушундай жашыруун жерлер анын ишинде сактык чарасы катары керек болгон. Ал бир нече сааттан кийин эле Марселде боло алат. Ошол жерде унаадан да, өлүктөн да кутулуп, Касабланканы көздөй учакка олтурат. Мароккодо дээрлик эч кимди тааныбайт. Көп жылдан бери ал жакта болгон эмес. Бир кезде ал жерге эч качан кайтып келбейм деп өзүнө ант берген эле. Бирок мына ушул учурда анын жүрөгүн жаралаган аялга баруудан бөлөк, дурус эч нерсе ойлоп таба албады. 6 Инспектор Жан-Клод Годдар өзүнүн жаңы деп эсептегенден алыс эки эшиктүү «Реносу» менен көптөгөн кызматтык жана телеберүү унааларынын арасынан (баарын таң калтырган жаңылык миллиондогон көрүүчүлөргө көрсөтүлө баштады) имаратынан токтоого жай таап кыпчылды. Ал кутучадан өз тапанчасын, төш белгисин алып, сөөккө чейин жеткен ноябрь суугуна чыкты. Ал Монакодо жыйырма жылдан берки тыңчысы, а акыркы беш жылда — улуу тыңчы. Ушул мезгил аралыгында буга окшогон нерсени башынан өткөргөн эмес. Италия менен Франциянын ортосунда жайгашкан, дүйнөнүн эң кичине мамлекеттеринин бири (Ватикандан кийин экинчи турган), 2 кв. км кем эмес наркы кымбат пляждуу жерди ээлеген, 32 миң калктуу Монто-Карлодо, албетте майда кылмыштар, уурдап-тоноо дагы башка көйгөйлөр толтура. Мына ошондуктан, Европанын башка каалаган жайларына караганда бул жерде милионерлер көп болгондуктан, мына ушу калаа ач көздүктүн, көрө албастыктын жетегиндеги жандарды өзүнө тартканына таң кала турган эч нерсе жок. Бирок мина коюлган унаалар? Киши өлтүрүүлөр? Андан сырткары бир күндүн ичинде бир канча жерлерде толтура киши өлтүрүүлөр? Мындайды бул күнгө чейин эч кандай кулак укпаган. Ал тулкусунан көмүргө айланып, көчөдө кызарып күйүп жаткан, «Рэндж Ровераны» кыя өтүп, залга кирди. Лифт менен көтөрүлдү, денелерди аттай өтүп, батирге кирди. Жыйырма сегиз жаштагы кара чачтуу жардамчысы Колетт Дюваль аны көп санда эмес, бирок ишкер тергөөчүлөр тобу кылмыш ордун иликтеп жаткан жерде тосуп алды. — Мында бизге бүт биздин муздак кандуулук керек болот, — деди Дюваль. — Бизге эмне маалым болду? — деп сурады Годдар, өз өмүрүндө көргөн эң заңгыраган батирлердин биринде, кызыл жаян кандын үстүндө камырабаганын жазбаганга аракет кылуу менен. — Сиз шефтен алдыда боло турган маалыматтарды алдыңызбы? — сурады Дюваль. — Ооба. — Анда баштайбыз. Ал аны бөлмөнүн ортосунда жаткан бор менен айланта сызылган толук эркекке алып келди. — Маркум Рафик Рэмзи Сулайман менен таанышып алыңыз. — Бул жанагы Рэмзиби? — сурады Годдар. — Мисирлик миллионерби? — Ошол, деп коркуп турам, — деди Дюваль. — А сиз аны менен таанышсызбы? — Мен ал менен жана анын аялы менен бир нече жыл мурун Гран-Приде таанышкам, — деди Годдар. — Көрүнүктүү адам. Ал агасы менен бирге кайсы-бир Асуанда же Луксордо жеткен кедейчиликте чоңоюшкан эле, анан фарондон ашкан бай болуп кетишти. Башында алар темир кени, алтын, фосфат жана башкалар менен иштешкен. Агасы өлгөндөн кийин, Нилдин негизги куюлушунда жаратылыш газы менен иштеп, байлык тапкан. Жалпы жонунан, ал абдан жагымдуу — жөнөкөй, кекирейбеген, сыпайы адамдын таасирин калтырган. Аялы тууралуу кеп салсак… Үнүн басаңдатып, Годдар: — Ал мындабы?— деп сурады. Дюваль башын чайкады. — Так эмес. — «Так эмеси» эмнеси? — Эки жума мурун Парижде аны уурдап кетишкен. — И-и, — өзүн күнөөлүү сезип, Годдар үгүн чыгарды. — Бул дагы баары эмес, — деди Дюваль. — Дагы эмне? — Рэмзинин биринчи никеден болгон жалгыз кызы так ошол энеси жоголгон күнү өлтүрүлгөн. Годдар бети-башын тырыштырды. Бул эмнеси? Атасы өлтүрүлгөн. Кызы өлтүрүлгөн. Энеси уурдалган. Бул бактысыз үй-бүлөнүн үстүнө эмне деген каргыш түшүп турат? — Ал канча жашта болчу? — Кырк экиде. — Жок, аялына эмес, — деди Годдар, — кызына. — Кечиресиз, — Дюваль жазып алгандарына карап. — Бригитте он эки жашта болгон. Годдар башын чайкады. Анын кызы жакында онго толот. — Шектүүлөр барбы? — бул каргашалуу кылмышты кылгандарды кармап, аларды жоопко тартууга ой менен өзүнө убада бере сурады ал. — Азырынча жок, — жооп берди Дюваль. — Күбөлөрчү? — Бирөө болушу мүмкүн? — Ким? — Марван Аккад деген бирөө, — деди Дюваль. — Аны тапкыла, — Годдар буйрук берди. — Анан мага алып келгиле. 7 Марван бир саатка жакын жолдо жүрдү. Баары туман ичиндегидей. Коркуу, чарчоо жана оору кошул-ташыл болуп, сезимди мокотуп, даана ойлонгонго жолтоо болду. Ар бир жол салыгын төлөгөн сайын, ал аны кармап алышаарын күттү. Полиция унаасын көрөөр замат, аны токтотушат деп ойлоду. Бирок азырынча баары жайма жай. Балким, өтө эле бейпил. Монакодо аны издеп жатышкан чыгаар. Демек, Италияда, Францияда да издешет. Башкача айтканда, эгер Европада күтө тургусу келсе да, ал муну кыла албайт. Ал Түндүк Африкага кетиши керек. Бирок кеме жолу менен бара албайт: бул бир далай узакка созулат. Ага учак керек. Бирок өз ысмында учууга болбойт. Демек, так ушундай кырдаал үчүн катылган жасалма паспорттор керек. Марселден учуп кетүү менен гана ал боштондукта кала алат. Эгер эси талаалап кетпеген болсо, саат ондо Касабланкага «Роял Эр Марок» рейси бар, жарым түн чамасында ал жакта боло алат. Албетте, бул жерде тобокелге салуу керек. Аэропортто аны кармап калышы мүмкүн, бирок башка арга жок. Ал аракет кылып көрүшү керек. Жол белгиси жылт этти — дагы жүз километрден ашык жол алдыда. Өз ичинен сөгүнүп алды да, газды басты. Марван А8 таш жолунда баратты. Буга окшогон мына мындай таштак жол ажалдуу экенин эң сонун эле билип турду. Бирок тапталган жолдо жүрүүгө же каптал жолдордо чубалжыганга убактысы жок эле. Убактысы өтө чукул, ал тургай аэропортко кечикпей жете алса да, унааны, арткы отургучтагы өлүктү эмне кылат? Учакка кантип олтурат? Билет сатылып алынмак тургай, ээленген да эмес. Ал бейруттук номерди тере баштады. Аны таң калтыра тааныш үн жооп берди. — Алло! — Рами, бул Марван. — Кудайым ай, чын эле сенсиңби, боорум? Кандайсың? Мен эми эле үн алгы аркылуу уктум: Монте-Карлодо — каргашалуу бирдеме болду — аткылашуулар, унаа жарды-руулар, — бирок майда-чүйдөсүнө чейин кабарлашпады. — Баары жайында, — деди Марван. — Жөн эле бир аз кысталаңга түштүм. Чындыгында жарааттын сыздатканына араң чыдап жатты, бирок инисин кабатыр кылуунун кажети жок. Кабатырланууга башка себептер бар. — Сен жалгызсыңбы? — сурады ал. — Ооба, — деди Рами. — Калгандар үйлөрүнө тарап кетишкен. — Мунусу жакшы. Мага сенин жардамың керек. — Албетте. Эмне болуп кетти? — Азыр айтам, — деди Марван, — бирок эң биринчи мага учакка билет даярда. — Качанкыга? — Кечкиге. — Кайда? — Марселден Касабланкага. — Марселден? — сурады Рами. — Бирок мен ойлогом, сен… — Рами, суранам сенден. Мен азыр баарын сага түшүндүрүп берем. Марсель — Касабланка. Акыркы рейс качан? — Сегиз жарымда, бирок… — Акыркы рейс ондор чамаларында деп ойлогом. Кезектеги тартип күзөтчүсүнө окшош унаа солдон аны кууп келе жатканын Марван кокусунан көрө калды. Ал акырын газ баскычты кое берди. Рами сүйлөп жатты. — Марван, мага ишене бер. Мен алар менен жүз жолу учкам. Рейс 256. «Роял Эр Марок», «Эр Франс» менен бирге. Саат 8.30 көтөрүлөт. Ондо Касабланкага конот. Күзөттөгү унаа чырагын өчүрүп-жандырып белги берди. Марван ачык эле сөгүндү. — Эмне? — кайталап сурады Рами. — Эч нерсе, — жооп берди Марван. — Башкасы жокпу? Токтош керекпи? — Марван ойлоду. — Анан эмне болот? Арткы олтургучтагы өлүктү кантип түшүндүрөт? Иниси компьютердин баскычтарын кандай терип жатканы ага угулуп турду. Тигинин бардык агентстволорду кандай териштирип жатканын көрүп эле тургандай болду. — Тилекке каршы, жок, Марван, — акыры Рами үн какты. — Эгер бүгүн Касабланкада болгуң келсе, 256 рейси гана бар. А бүгүнчө калып, эртең эрте менен башка бирдемеде уча албайсыңбы? Марвандын жүрөгү ого бетер опколжуп чыкты. Ылдамдыкты азайтып, жолдун четине чыкты. — Жок, — деди инисине ал. — Бүгүн кетишим керек. — Анда 8.30 га олтурушуң керек. Сен кайдасың? Күзөт унаасы жакындап калды. — Билет ала бер, — деди ал. — Бир тарапкабы? Марван унааны токтотуп, кырсык белгисин жандырды. — Жок, эки. — Кайткан билетти качанкыга? — Аны ким билет? — Мейли анда, — деди Рами. — Бир нерсе караштырам. Сенде аэропортто дагы эле баягы бөлүк барбы? Марван жооп кайтарбады. Көздөрү жакындап калган күзөт унаасына кадалган эле. — Марван, — айтканын кайталай Рами, — Марселдеги сейф — ал дагы эле сенде барбы? — Анан эмне! — Марван жарылды. — Болбосо эмнеге Марселге бармак элем? — Болуптур, болуптур, өзүңдү бас, — деди Рами, — жардам эле берейин дегеним. Марван жанында жаткан тапанчаны карап алды. «Өзүңдү бас» деп айтыш оңой. — Билетти кайсы ысымга даярдаш керек? — Карделлге, — деди Марван. — Жек Карделлгеби? — Ооба. — Жакшы. Өтө бериштенби же терезе жактанбы? Марван жооп кылбады. Ал жай баракат телефонду коюп, тапанчага умтулду. Инисинин суроо жаадырып жатканын угуп турду, тапанчанын муздак болот туткасын бармактары мыкчыды. — Марван! Мени угуп жатасыңбы? Терден улам алаканы нымдашып кетти. Жүрөгү алып учуп жатты. — Марван! Унаа токтобой, зымылдап өтүп кетти. Андан башканы издеп жатышат. Жарым километр алдыдагы кызыл «Поршени» токтотушту. Марван селт дей түштү, жеңилденүүнү эмес, а өзүнө болгон жийиркенүүнү — муну өзүнүн кылганы же кылууга даяр турганындыгынан сезди. Ал эч бир айыбы жок полиция адамын жөн эле бейкапар өлтүрүүнү ойлоп гана койбостон, — баскычты басканга даярданды. Ага эмне болуп баратат? Ал кимге айланып бара жатат? Марван ички жан дүйнөсүнө карап алгандай болду, анысы кирген түндөн да караңгыраак экен. — Марван! — ал кайрадан инисинин үнүн укту. — Эмне болуп жатат?! Марван тапанчаны коюп, алаканын шымына сүртүп, шашпай дем алууга аракет кылды. Телефонду кайра колуна алып айтты: — Ии, Рами, мен мындамын. Кечир. — Эмне болуп кетти? Баары жайындабы? — Жок, — жооп берди Марван. — Баары эмес. Ал кыймылдаткычты от алдырып, Марсель тарапка зыпылдады. Мына ушу маалда суу сактагыч жарылып кеткендей, эмне болгонунун баарын айтып бере баштады. Рэмзи менен болгон сүйлөшүү жөнүндө. Өлтүрүү жөнүндө. Жардырылган унаа жөнүндө. «Меридьендеги» ок атуулар жөнүндө. Азыр телефонун колдонуп турган, алиге чейин арткы олтургучта жаткан өлүк таксист жөнүндө. Өзүнүн жашырынууга болгон чечими жөнүндө. Жана киши өлтүрүүгө бир кадам жакын калганы жөнүндө. Мындай моюнга алып ачык айтууну чочулоо жана күнөөлүү сезим алып келди. Бирок ал Рамиге бере турган маалыматтарды камтыган. Анткени ал компаниядагы экинчи адам эле, болгон окуялардын баары компанияга тикеден-тике тиешелүү. Мына, эң негизгиси Марванга анын өзүндө болбогон, акыркы сааттардагы окуяларга эмоциялык тиешеси жок инисинин тунук акылы зарыл болчу. — Сен мени ката кетирди деп ойлойсуңбу? — сурады Марван, аңгемесинин аягына чыгып жатып. — Ушунун баарынан кийин Монте-Карлодон кетүү мененби? — Ооба. — Жок, — Рами олку-солку болбой туруп жооп айтты. — Мен деле ушундай кылмакмын. — Чын элеби? — Албетте, — деп тастыктады Рами. — Сенде башка жол жок эле. — А эгер сени полиция токтотуп калсачы? — айтканынан жазбай Марван. — Анда сен эмне кылмак элең? — Ошого жеткирбегендиги үчүн Кудайга ыраазычылык айт, — жооп берди Рами. Бирок Марван бул үчүн Кудайга шүгүрчүлүк келтиргенге ниети жок эле. Көп жылдардан бери Кудайга капа болуп жүрөт. Анын сыйынуулары эч нерсеге арзыбагандай туюлчу. Алар Кудайдын кулагына жеткен жок, а соболдоруна жооп ала алган жок. Жарааттары айыкпады. Рамиден башка, кымбат адамдарынын бардыгынан айрылды. А азыр болсо, мээнеттенип тапкандарынын баарынан кол жууганы турат. — Мунун баары биздин кулашыбызга алып келиши ыктымал, — деди Марван бир нече убакыттан кийин. — Же биздин өлүмүбүзгө,— кошумчалады иниси. Марвандын ичинде баары сыгылып турду. Раминики туура эле, аны ушундай абалга жеткизгендиги үчүн Марван өзүн аябагандай жаман сезди. Ал ар дайым Раминин коргоочусу болчу, а азыр болсо экөөнү тең зор коркунуч күтүп турат. — Мен абдан өкүнөм, — деди ал. — Мына ушундай болоорун күткөн эмесмин. Бирок анын актануусун Раминин уккусу да келген жок. — Мен үчүн кам санаба, — деди ал. — Бирок мен кабатырланып турам, — жооп берди Марван. — Марван, мени менен баары жайында болот, — деди Рами. — Сени менен да. Мындан начар жагдайлар деле болбоду беле. — Билбейм, иним, — үшкүрүндү Марван. — Билбейм. 8 Шаар үстүндө полиция вертолеттору чыркылдап жатышты. Монте-Карлого кирген-чыккан бардык жолдорунда текшерүүчү жайлар турду. Унааларды, таксилерди, автобустарды, поезддерди, ооруканалар менен мейманканаларды тинтишти. Вертолеттер конуучу жеке аэродромдор, кеме токтоочу жайлар жабылды. Монаконун эң жакынкы тейлөөчүсү болгон Ниццедеги аэропорттун жумушчулары эскертилди. Ошого карабай кичинекей калааны бүт дүрбөткөн кылмыштын жалгыз күбөсү болгон Марван Аккад табыла элек. Полицияда Рафик Рэмзини өлтүргөндөр изине чыга турган бир да илмек жок эле. Инспектор Жан-Клод Годдар башын чайкай (өзүнө ашказан чечегин ашырганы турган кеп) балконго чыкты. Түнкү таза абадан дем ала, токтоочу жайдын таш тосмосуна чабынып жаткан толкундарды карады. — Мына сиз каалаган сүрөт, — деди Колетт Дюваль, 21x27,5 см өлчөмдөгү жаңы басылып чыккан сүрөттү суна. — Бул байкагыч камерасынанбы? — сурады Годдар. — Ооба, сэр, — деди Дюваль. Тиги жакта баары дайын. — Азыр барам, — деди Годдар. Анын колдорунда Марван Аккаддын сүрөтү турду. Бул жаш жигит жагымдуу, бирок тасма жылдызындай көзгө урунбаган келбетте. Ал ачык-зайтун түстүү терилүү, кыска кыркылган кара чачтуу эле. Сакал-мурутсуз, мойлоосуз же түксүз (жок дегенде ушу сүрөттө), жылтырата кырдырылган. Мурду — анча чоң эмес, ээги — чечкиндүү. Дене турпаты чың. Годдар байкагандай, өзгөчөлөнө турган мүнөздүү эч нерсеси жоктой. Эч бир тыртыксыз, таксыз — калың элден бөлүп тургудай эч кынтыксыз. Төрт тарабы төп келген жан сакчы. Годдарды бакырайган, бото көз же ал күткөндөн жылуурак, курч, кадыр-барктуу акылды, бирок да кандайдыр бир тартиптүүлүктү, ал тургай тектүүлүктү айтып турган Марвандын көздөрү тартып турду. Мына ушу көздөрдө Годдарды дароо аныктаганга оңтойсуздурган, бирок аны өзүнө тарткан, аны билүүгө кызыктырган дагы бирдеме бар эле. Балким кейигендиктин кейпидир? — Көбөйтүп, биздин кишилердин баарына жибергиле, — деп буйруду. — Сыналгыга жөнөткүлө. Ал күбө катары изделип жатканы билдиргиле. — Жарайт, сэр. — Сыйлыкты да жарыялагыла. — Канча? — сурады Дюваль. — А эсебибизде канча калган? — Менимче, жүз. — Макул, баарын алгыла, — деди Годдар. — Мына ушу жүрөк үшүн алган кылмыштагы күнөөкөрлөрдү камакка алып, жоопко тартууга жардам бере турган маалымат үчүн 100 миң евро. Бизде болгондун баарын, сөзсүз Интерпого кабарлагыла. Балким, аларда Марван жөнүндө бир нерсе чыгып калаар. — Бардыгы орундалат, сэр. — Издөөнү кеңейткиле,— кошумчалады Годдар. Анын тынчсыздануусу дагы артты. — Марванды Монте-Карлодо эми жок деп ойлойсузбу? — Билбейм, — Годдар мойнуна алды. — Бирок Канна, Сент-Рафаэл, Йера ошондой эле Италиядагы Альбенги жана Генуи аэропортторуна билдиргиле. — Ушунча алыскабы? — кайра сурады Дюваль. Годдар баш ийкеди. — Колетт, биз тобокелге сала албайбыз. Өлтүргөн ким же кимдер экени бизге туман. Кимди издей турганыбызды да билбейбиз. Азырынча жап жалгыз учук — бул Марван. Ал дагы эле ушу жерде болушу мүмкүн. А эгер биз жаңылып жатсакчы? — Ооба, сэр. — Кичинекей шаарлардагы темир жол негиздерине, суу өткөөлдөрү менен да байланышкыла. Ар бир жарым саатта мага билдирип тургула. Мен акыркы маалыматтарды билип тургум келет. — Дагы бир нерсе, — деди Дюваль. — Сиз ага чалдыңыз беле? Годдар үнсүз баш чайкады. — Бирок, муну кылыш керек го? — кылдат улантты Дюваль. — Ооба, сиздики туура, — Годдар үшкүрүнүп. — Каалайсызбы, мен чалайын? Годдар кааламак. Бирок, бул кандай гана ыңгайсыз болбосун, улуу тыңчы, муну кечиктирбей өзү жасашы керек. — Жок, — акыры ал үн чыгарды. — Мен өзүм. Алып эле бериңиз. Мунун шашылыш экенин айтыңыз. Анан мага бериңиз. — Куп болот, сэр, — деди Дюваль. — Чалып жатам. Годдар уктоочу бөлмөнүн жанындагы башка тыңчы ага байкоо камерасынан жазылып алынганды көрсөткөн кичинекей бөлмөгө кирди. Аны бүтүндөй сүйлөшүүнүн жүрүшүндөгү Рэмзинин тынчсызданган кебетеси, Марвандын оор басырыктуулугу таң калтырды. — Токтоңуз, — капыс унчукту Годдар, алдыга салмактай. — Ии, ушу жерден, дагы бир жолу айлантыңыз. Марван Рэмзиге кат баштыкчаны берип жатты. Алгач дендароолук, а анан — каар? Кыжырдануу? — Бул эмнеси? — Годдар тыңчыдан сурады. — Ал баштыкчадан эмнени алды? — Көрүнбөйт, — деди тыңчы, — Аккад мырза жаап калыптыр. — А башка камеранын тартканы жокпу? — Жок, сэр. Бизде болгону, ушу эле, деп корком. — Бул бир сүрөт окшойт? — Ошондой го. — А чоңойтконго болобу? Даанараак кылууга? — Азырынча жок, сэр, — жооп берди тыңчы. — Бирок жетекчиликтеги биздин тетиктерде жасап көрсө болот. — Жасап көрүңүз, — буйруду Годдар. — Бир тыянагы болоор замат мени менен байланышыңыз. 9 Иштин жайы мына мында, анын Марсел Лемьени көрөйүн деген көзү жок. Муну башкача атоого болбойт эле. Аны менен бир эле сүйлөшүүнүн жетишкендиги — бирге иш алып барууну кеп кылбаганда да — Годдардын кускусун келтирет. Бирок эмне кыла алат? Жоголгон Клодетт Рэмзинин, өлгөн Бригитте Рэмзинин иштеринин үстүнөн Лемье жетектейт. Ага кабарлоо турган иш. Ал кылмыш ордун, Рэмзинин батирине орноштурулган камералардын жазганын көргүсү келет. Эгер аны табуу буйруп эле калса, жарактуу күбө болуп кала турган бул Аккад тууралуу да ага айтууга туура келет. Анын үстүнө, бүтүндөй Европанын полицияларынын арасында Лемье кандайдыр бир тирүү уламыштай эле. Ал бир нече дүңгүрөгөн иштердин — бардар, атактуулар, таасири күч жоро-жолдоштуу адамдарга караштуу — өлтүрүүлөрдүн, адам уурдоолордун, банк тоноолордун бетин ачкан. Бирок Годдар аны жактырчу эмес. Эки жолу бирге иштешүүгө туура келди, эки учурда тең жагымсыздык көңүлүндө калды. 2000-жылдын жазында Монте-Карлодо эс алууда жүргөн француз элчиси жоголгон. 3 күндөн кийин жубайы кун төлөө талабын алат, бирок төлөбөш керек чечими чыгарылган. Бир жумадан кийин Годдардын кишилери толкундар жээкке сүрүп чыгарып таштаган анын күйөөсүнүн денесин табышкан. Ошол эле күнү өз колунан ажал табышы ыктымал болгон, казинолордун биринде тамак-аш ташып кызмат кылган кыздын денеси табылган. Мында байланыш болгонбу? Годдар аялдын тууган-туушкандарын, дос-чарларын сураштыра баштаган. Эки күндөн кийин болгон эки окуянын ортосундагы кыйыр далилдерге, ал тургай эч кимисинин актанууга ынандырарлык жообу жок үч шек алдыргандардын атына ээ эле. Бирок мында Лемье кийлигишип, чындыгында ишти колдон тартып алган. Албетте бул, Годдар өз кызматташтарына айткандай, бачымыраак ал ишти ача коюш үчүн эмес. Иш таптакыр ачылган эмес. Маалыматтар эскирген. Шектүүлөр эркиндикте калышкан. Далилдер жоголду. Иликтөөнүн жүрүшүндө (деги муну ушунтип атоого боло турган болсо) Лемье өзүн текебер, корс алып жүрдү, ишти «чечилгис» деп жарыялап, жагымсыз, ызалуу сезим калтырып, акыр аягы Парижге жөнөп кетти. Андан кийин алар 2003-жылдын жайында француз магнат-жүк кеме кожоюну уулдары менен бирге баасы 25 миллион доллар турган яхтада Монте-Карлодон Жер Ортолук деңизине сейилге аттанып, жоголушканда жолугушту. Мунун баары ийне-жибине чейин, кээче күнү болгондой Годдардын көз алдында. Жетекчиликтин таңкы алтыдагы коңгуроосу. Жоголгондун аялынын чаң-тополоңу. Массалык маалымат каражаттарынын тоскоол болушу. Баарын таң калтырган макалалардын темалары. Ушунчалык белгилүү болгон, Франциянын премьер-министиринин досу болгон адам күндө эле жоголо бербейт. Бирок аларды табуу колдон келбеди. Тени да, каны да жок. Таптакыр изи жок. Бирок бардыгы жоопту талап кылышты. Париж гезиттери Монте-Карло бийлигинин кыймылсыздыгын тынымсыз жарыялашты. Годдарга басым көрсөтүштү: жыйынтыктар — бармак тактары, күбө, алдыга жылууну көрсөткөн эмне болсо да суралды. Ал даам татпады. Дээрлик кирпик каккан жок. Өз кишилерин тикеден тике тургузду, карайлап жүрүп, элдирей ооруканага түшүп кала жаздады. Акыры бир нерсе болду. Алар эмнени күткөн болсо, эмне үчүн сыйынган болсо ошол болду. Годдар магнаттын балдары орус банкири катары таанышкан, бирок чындыгында орус мафиясына иштеген адамга акча карыз болушканын билди. Годдар тигинин Монте-Карлодо батири болгонун, шаарда аны көрүшкөнүн билди. Мындан сырткары анын эки ниеттешин магнат жоголгон күнү кеме токтоочу жайдан байкашкан — алар катер жалдагысы келишкен. Иш ордунан козголду. Годдардын шек туткан адамы жана ниети бар. Ишти аягына чыгарыш үчүн, иликтөөнү улантууга Мосвага учуп баруу үчүн башчылыкка кайрылды. Ага уруксат бербей коюшканда, ал дендароо болду. Бир саат өтпөй туруп, Лемье анын иш бөлмөсүнө кирип келе, иштин ага өткөрүлгөндүгүн билдирип, ишке караштуу бардык иш кагаздар көчүрмөсүн талап кылды. Годдар макул эмес эле, бирок анын каршылыгы анын жетекчилери аркылуу четке кагылды. Москвага Годдар эмес, Лемье аттанды. Бул ишке да балта чабылды. “Банкирдин” жардамчылары сырдуу түрдө жер менен жексен болушту, а өзү болсо жеткен аянычтуу далили жок нерсени көрсөттү. Бирок Лемье болсо шумдуктуудай жумшактыкты көрсөттү. Көп өтпөй орустардан күмөн алынып салынды, Лемье Паиржге кайтты. Ишти көзөмөлдө кармоого сөз берди, бирок аны бети ачылганын көрүүгө дээрлик эч кандай үмүт да калтырбады. Бул эле эмес, орус «банкири» бир нече мамлекеттин, анын ичинде Монаконун бийлик башчылыгынан да официалдуу кечирим кепилдиктерин алды, а Годдар «Монаконун баалуу досунунун кадырына негизсиз кедерги туудурганы үчүн» бир жумага маянасыз жумуштан четтетилен болчу. Мына азыр Марсель Морис Лемье, Европанын көпкөн тыңчыларынын бири кайтып келе жатат. Дюваль балконго чыгып, Годдарга телефондун туткасын сунду. — Бул ал, — шыбырады ал. Годдар көзүн сүртүп, тутканы алды. — Испектор Лемье, сизди кайрадан укканыма кубанычтуумун, — калп айтты ал. — Сиз менин эс алуумду буздуңуз, — жооп ыргытты Лемье. — Мен абдан өкүнөм, мырза, бирок башка айлам жок. Менин сиз үчүн жаман кабарым бар деп корком. — Сиздин конгурооңуз эле — жетиштүү жаман кабар, — кобурады Лемье. Годдар өзүн карманды. Бул адам жөн гана чыдагыс. — Рэмзи мырзанын өлтүрүлгөнүн сөзсүз билдирүүм керек эле. Линиянын аркы башында жымжырттык орноду. — Рафик Рэмзи? — акыры Лемье сурады. — Ошол деп коркуп турам, — Годдар тастыктап, кыскача өзүнө дайын болгон өлүм жагдайларын баяндады. — Шектүүлөр барбы? — деп сурады Лемье. — Азырынча жок, бирок изилдөөнү жаңы эле баштадык, мында сиз бизге жардам бере аласыз деп ойлодум. — А күбөлөрчү? — сурады Лемье. — Так ушуну менен алектенип жатабыз, — жооп берди Годдар. — Бир адам бар, Марван Аккад, сактык тыңчылыгынын башкы уюштуруучусу. Рэмзини атып жатышканда, ал аны менен турган. Мүмкүн Рэмзи аны жалдайын деп жаткандыр. Биз Рэмзинин ага аны ким, эмне үчүн өлтүргөнүн ачып бере турган бир нерсени билдиргенине үмүттөнөбүз. — Үмүттөнөбүз дегениңиз эмне? — сурады Лемье. — Сиз эмне, алигиче аны сурай элексизби? — Жок, — деди Годдар, — азырынча жок. — Керемет, — кыжырдана бурк этти Лемье. — Мен өзүм андан сурак алам. Мен аэропортко жөнөйм. Мени бирөө вертолет аянтчасынан жыйырма мүнөттөн кийин тосуп алсын. — Жыйырма мүнөт? — оозун ачып калды Годдар. — Сиз Парижде эмессизби? — Жок, мен Ниццедемин. Лемье муну Годдар билүүгө милдеттүү болгондой кылып айтты. Эмне үчүн Дюваль ага эскертип койгон жок? Күтүлбөгөн нерсени Годдар сүйбөй турганын ал билет го. Мунусу үчүн кеңкелестин башын жулуш керек — бирок азыр эмес. Азыр андан ашкан шашылыш иштери бар. — Жакшы болот, Лемье мырза, — жооп берди ал. — Менин кишилеримдин бири сизди шексиз түрдө тосуп алып, Рэмзинин батирине алып келет. Бирок коркконум, сиз азырынча Марван Аккад менен сүйлөшө албайсыз. — Эмнеге? — зекиген түр менен сурады Лемье. — Марван жоголуп кетти. — Жоголуп кетти? Годдар терең дем алды. Баарынан көбүрөөк ушуну Лемьеге ачык айткысы келбеген эле. — Ошондой деп корком. Баш аламандыкта колдон суурулду. Бирок калаадан чыккан жерлердин баары тосулган. Биз жакын арада аны табабыз жана суракка алабыз. Ал бизге керектүү күбө боло алат. Андан сырткары, ал жалгыз күбө. — Жок, Годдар мырза, — беттен алды Лемье. — Сиз бул жерде жаңылып жатасыз деп корком. Марван Аккад күбө эмес. Мен үчүн ал — негизги күмөндүү адам. — Күмөндүү адам? — сурады Годдар. — Биз ал тууралуу эч нерсе билбейбиз, — анын ким экенин да, эмне үчүн бул жерде жүргөнүн да — эч нерсесин. — Билгиле, — кысым кыла айтты Лемье. — Аны кармоого буйрук кагаз алып бериңиз, Миландан Марселге чейинки бийликтердин баарын кабардар кылыңыз. Анын качып кетишине жол берүүгө болбойт. Же — мен сизге сөз берем, Годдар мырза, — сиздикинен баштап баштар учат. 10 Жаан жаап кирди. Марван терезени тазалагычтарды жандырып, өзү ишенбеген Кудайга машина суу таш жолуна кирип кетпестиги үчүн жалынды. Күтүүсүздөн уюлдук телефону жымжырттыкты жара, жүрөгүн түшүрө чырылдыды. — Алло? — Марван, бул мен, Рами. Сен жеттиңби? — Жете элекмин. Марван картага, анан саатка карады, ичинде баары кысылып турду. Сегиз жарым болуп калды, ал Марселдин чет жакасына эми гана кирип келе жатат. — Рами, — деди ал, — үлгүрбөйм го деп ойлойм. — Марван, үлгүрүшүң керек, — деди Рами. — Сенде башка жол жок. Түндүк Африкадан сени чыгарып кете алам, бирок француз түрмөсүнөн эмес. Дагы алыспы? — Беш километрдей, же он чыгар, бирок саатты карачы. — Ии, ооба, билем, — деди Рами. — Бирок сен аэропортко жетип баргычакты кээ-бир нерселерди сүйлөшүп талкуулап алышыбыз зарыл. — Мисалы, эмнени? — Алгач, сенин телефонуңду, бул телефон таксистики дедиңби? — Ооба. — Бирок, Прагадагы биздин скрэмблер аркылуу чалдың? — Албетте. — Демек, полиция сенин мага чалууңду тыңдай албайт, — деди Рами. — Бирок алар аракет кылышат, ошондуктан бул телефонду мындан ары колдонууга болбойт. Бүтөөрүбүз менен аны ыргытып жибер. Түшүндүңбү? — Түшүндүм. — Касабланкага барганыңда спутниктик телефон сатып ал, — улантты Рами, — нак акчага. Сараңдык кылба, башкалар кошо албай турган мыктысын сатып ал. — Болуптур. — Андан бир гана мага чал. Башка эч кимге. — Макул, башка эч кимге. — Марван, мен тамашалап жаткан жокмун, — такалай айтты Рами. — Сен чарчадың, эс-учуңа доо кетти. Өзүңө келе албай турасың, өзгөчө этият болуш керек. Тырнактай да ката кетирүүгө жол бере албайсың. Болуп өткөн окуяларды териштиргенге чейин, жердин түбүнө жетип, ал жакта күтүп турушуң керек. Досторуңдун эч кимиси менен көрүшүүгө, мурда болгон жерлерлерге барууга болбойт. — Бул кыйын эмес,— алдады Аккад. — Мароккодо эч кимди тааныбайм. — Жакшы, — деди Рами. — Ошондой болушу керек. Рами Раниянын Парижден кетип, Касабланкада жашап жатканын билбейт, Марвандын азыр бул туралуу айтууга көңүлү жок. — Угуп тур, — сөзүн улантты бир тууганы, — бир нерсени так айтууга болот. Сенин туйгучтугуң сени Клодетт Рэмзи тууралуу алдабады. Ал тирүү, Сан-Паулодо жүрөт, акча которуу менен алек. Демек, бардыгынын артынан ал өзү турганы чындыкка жакын. Муну билгенибиздин өзү эле жакшы нерсе. — А жаманы эмне? — сурады Марван. Марселде жаан катуулап кирди, мүнөт сайын ийнинин зыркыраганы күчөдү. — Ага жана аны менен чогуу иштегендерге сен аларды тапканың маалым болуп калгандыгы. — Түшүнүксүз, — деди Марван. — Анткени бул жөнүндө мен, менин Цюрихтеги жана Сан-Паулодогу булактарым гана билет. — А алар бир ок менен эки коен атпайбы? — Мындай үч уктасам түшүмө кирбейт, — жооп айтты Марван. — Мен аларды жок эле дегенде он беш жылдан бери билем. — А Рэмзинин телефонунун тыңдаша алмакпы? — сурады Рами. — Монте-Карлодобу? — Жок, Парижде. — Бул мүмкүн, — Марван макул болду. — Бирок ким? Сакчылык агентствосубу? — Же полиция, — деди Рами. — Ал анткени француз тыңчылыгынан бирөөнү шек тутаарын айтпады беле. — Ооба. — Демек…? Марван ойлонуп калды. Раминики туура болушу мүмкүн. — Рэмзиге чалганыңда, аны менен эмне тууралуу сүйлөштүң эле? — сурады иниси. — Сүрөт тууралуу айттыңбы? Сан-Пауло жөнүндөчү? — Жок, албетте, жок, — деди Марван. — Мен күтүүгө болбогон, шашылыш кабарларым бар экенин гана айткам. Жекече жолугуш керектигимди, бирок Парижде эместигин айткам. — Монте-Карлону сунуштаган сенби? — Жок, ал. — Бардыгын ийне-жибине чейин, кайда, качан жолуга турганыңарды ал телефондон кабарладыбы? — Так ошондой. — Мына жобосу, — деди Рами, — телефон тыңдалган. — Ким тыңдаган болсо да менин эмне тууралуу айтканымды билген эмес, — Марван бүтүмүн улантты. — Алар бир гана мунун маанилүү жана кооптуу экенин аңдаган. Клодетт жана анын кишилери дүрбөлөң болушкан. Операцияны токтотууну чечишкен. — Мына ошол, — деди Рами, — Рэмзини эле эмес, бирок сени да жок кылуулары керек. — Демек, менин тирүү экендигим аларга белгилүү, — деди Марван, — алардын Монте-Карлодогу кол салууларынан майнап чыкпады. — Башкача айтканда, алар коркуп жатышат, — улантты Рами. — Алар сени таап, өлтүрмөйүнчө жүрөктөрү ылдыйлабайт. — Демек, алар бизди тапканча, биз аларды эртерээк табышыбыз керек. — Муну кантип кылабыз? — Биринчиден, Сан-Паулого кишилерди жибер, — деди Марван. — Клодетти таап, анын качып кетишине жол бербеш керек. Эгер аны тапсак, ал бизди калгандарына чыгарат. — Ии, — деди Рами. — Мен муну жасайм. — Экинчиден, Монте-Карлодо тергөөнү ким жүргүзө турганын бил, — сөзүн улады Марван. — Такта, ал муну менен жиктешпи, же ага ишенсе болобу? — Түшүндүм, — деди Рами. — Дагы эмне? — Парижде кимди билесиң? — Жакын досум тыңчылыкта, — жооп берди Рами. — Биз, сен өзүң ал жакка барганга чейин, Парижде биздин өкүлчүлүктү ачууга мени жибергениңде таанышканбыз. Ал жетишээрлик жогорку тепкичти тейлейт. Баарын тааныйт. Ал мага карыз. — Жакшы. Ага бир нерсе белгилүү чыгар. Бирок, сак бол, Рами. Ким менен байланышып калганыбызды биз алиге дейин биле элекпиз. — Кадырың жан болсун. Менин досум өтө сак болот. — Жакшы. Жаан катуулады, аба кескин муздады. Бирок ал аэропорттун белгисин көрдү. Жетип калды. — Сөздү токтотолу, — деди Марван. — Мен келип калдым. — Жакшы, — жооп айтты Рами. — Этият бол. Үч күндөн кийин мага чал. — Жакшы, — бышыктады Марван. — И, Рами… — Эмне, Марван? — Ырахмат сага. — Мен сенин иниң эмесминби? 11 Марван аэропорттун токтоочу жайына кирип келди. Саат туптуура сегиз эле. Токтотууга жай таап, кыймылдаткычты өчүрдү. Анан бармак тактарды сүрө, машинанын ичин аарчыды, арткы олтургучтагы буюмдар салынган баштыкты алып, чуркап бара ар кайсы таштанды чакаларга ачкычтарды, тапанчаны жана телефонду ыргытты. Ал 8:12 де эң жогорку терминалда болчу. Канчалык болушунча, ошончолук ыкчам, өзүн байкатпай, өзүнүн бөлүгүнө барды. Аны ачып, жасалма паспортторду, он чакты кредит карточкаларын, (ар бир ысымга экиден) бир нече майда евро акча таңгакчаларын сууруп чыкты. Которуу кийимдерин, анын көздөрүн кара эмес, жашылыраак кыла турган көз линзаларын, анча чоң эмес асма баштыкчаны да алды. Эшикчесин шырт жаап, Клодеттин сүрөтүн таштандыга ыргытып, жакын турган ажатканаага кирди. 8:21 де «Роял Эр Мароктун» терезечесине жакындады, өз билетинин акчасын төлөп, учакка отургузуу талонун алды. — Ыкчамдаңыз, Карделл мырза, — деди ачык түс чачтуу кыз тосмонун ары жагынан. — Жайланышуу башталып калды. Марван паспорт текшерүүсүнө ашыкты. Алдында бир нече адам турган. Полициялар жана тыңчылар бул жерде турушкан. Аэропорт тим эле аларга быкылдап толуп кеткент. Марван кезектен орун алды да, өзүн адатагыдай кармоого тырышты, бирок жүрөгү алып учуп турду. Сурак, камака алуу коркунучу тууралуу оюн токтотушу зарыл. Жүрөгүн басып, өзүн ким деп көрсөтсө ошол болушу керек. Өз ойлорун Раниге бурууга аракет кылды. Жүзүндө турган анын колдорун, көкүрөгүндөгү анын жылуу демин, анын атырынын таттуу сымал жытын сезип, аны эстегенге аракет кылып көрдү. Эшикти ачканда, ал эмне деп айтат? Өзү эмне дейт? Ал аны үйүнө киргизер бекен? Анын башка бирөөсү жокпу? Бир гана ал жөнүндө ойлонгусу келди, бирок кезек акырындап жылууда, аны башка ойлор каптады. Ал полиция божомолунун кайсы түрүнө кошулат? Аны күбө катары издешеби же эки өлүмдүн айыпкери катарыбы? Франция менен Италиянын бардык аэропорттору, деңиз токтоочу жайлары, темир жол аялдамалары жана мейманканалары эскертилдиби? Же Монте-Карлого жакындары элеби? Айтайын дегени — суурулуп кете алдыбы же тегереги оп тартып турабы? Ал айнектен чагылган кебетесине карап алды. Жылан терисинен жасалган туфлисинин така чени анын боюн эки элиге чоңойтту. Тытык жынсы, кара жеңил спорт көйнөгү, «Грейтфул Дэд» деген жазуусу бар сызыктуу жынсы курткасы, МР3-плееринен жаңырып жаткан хити, кара көз айнеги жана асма баштыгы менен ал мурдагы президенттер менен премьер-министирлердин жан сакчысына караганда, Европа аралап саякаттаган, америкалык студентке көбүрөөк окшошот эле. Өзүн өзү араң тааныды. Так ушунусу керек. Француз полициясынан сегиз адам документтерди карап жатышты, темир тинтигичти колдонуп жүк текшерип турушту. Бардыгы аны карап жатышкандай сезилди. Көптөн бери мындай кыла элек болчу. Мына бул жолу да секьюритини адашууга алып келе алабы? Акыры анын кезеги келди. Асма баштыкчаны жана Монте-Карлодо баш кошкондордун бөлмөсүнөн уурдалып алынган буюм салынган баштыкты жарыктандырып көрсөтүү үчүн конвейерге таштады. Анан жасалма америка паспортун, билетин жана учакка отургузуу талонун көрсөттү. Чачы кыска алынган, тар иш кийимге тыгылган, «бука-итке» окшогон жандарм башчы экен. Жүзүнөн каары төгүлүп турат. Документтерди кылдаттык менен иликтеп жатты. Өтө эле кылдат. Марвандын тамырынын согуусу күчөдү. Жандарм французча бирдемени сурады. — А? — сурады Марван, кулагынан кулак төшөгүчтөрүн сууруй, аң-таң болумуш болуп. Жандарм англисчеге өттү. — Карделл мырза, кайда баратасыз? — Касабланкага, дос, — дээрлик кынтыксыз калифорниялык акцентте жооп кайтарды Марван. — Дегинкиси Рабатка, эгер араба тапсам. Жалганды көрсөткүч аркылуу жооп бербегени үчүн көңүлү көтөрүлүп турду. — Жалгызсызбы? — Тилекке каршы. — Иштер менен саякаттап жүрөсүзбү же көңүл ачыш үчүнбү? — Көңүл ачыш үчүн гана, ушундай деп үмүттөнөм, — текшерүүчүнүн жок дегенде бир жылуу көңүлүн табуу аракетинде, тиги жумшара түшүп, батыраак кое бериши үчүн Марван күлүп жиберди. Эч кандай нерсе болгон жок. Тескерисинче, полицейдин көз карашы аны дагы катуураак теше баштады. — Куралыңыз барбы? — Жок, — бул тууралуу өкүнгөндөй жооп берди, — Баңги заттар? Бул оңой суроо болду. Ал өмүрүндө баңги затын татып көрбөгөн. Бирок көрсөтүп жаткан түрүнөн жазбашы керек. — Бүгүн жок, – деп азилдеше жооп берди. Жандармды бул да курсант кылбады. — Сиздин жаныңызда он миңден ашык евро барбы? Марван чукул эсеп-кысап кыла койду. Эгер жаңылышпаса, эки миңдин тегерегинде болот. Ал дагы күлүмсүрөп койду. — Тамашалап жатасыңбы? Жандарым кашын көтөрдү. — Бул тарапка келиш үчүн өзүмдүн «Харлейимди» сатууга туура келди, — деп түшүндүрдү Марван. — Бүт эле жумшап салдым. Францияда баары ушунчалык кымбат экенин уккан дагы эмесмин! — Рабатта каерге токтойсуз? Марван арсарлап калды. Качандыр-бир Франциядан чыгаарда ага ушундай суроолорду сунганын эстей албай турду. Анын айыбын ачыштыбы? Эмнеге жөн эле камап салышпайт? Тамагы какшып калды. — Селкимдикинде, — акыры жооп айтты. Бул дагы бир калп. Ал Рани менен аз эле дегенде жарым жыл көрүшө элек. Ал аны өзүнө киргизеби, жоруй да албайт. Деги анын батирин таап аларына да ишене албайт. Бирок ал алсырап бүттү. Ийниндеги жараат жарыла баштады. Меймаканада даярдалган бөлмөсү жок, Мароккодо достору жок, азыр тиякка учууга башка мындан түзүгүрөөк ишенимдүү себепти ойлоп таба да албайт. — Демек, баңги заттар жок? — кайра сурады жандарм. — Эй, мен келесоо болсом да ошончолук эмесмин. — Баштыгыңызды карап чыксам болобу? — сурады ал, ачык эле күмөн санай. Марван уруксат этти, ошол замат эстей койду, шашылышта Монте-Карлодон алган баштыктар ичиндегисин текшерип да койбогон. Ал элестете албайт, кимдин баштыгы — күйөө баланыкыбы же келиндикиби. Муну куралданган сегиз адамдын көзүнчө билүүгө туура келип турат. Жандарм асма баштыкчадан баштады. Дагы бир жынсы. Жуулганга шексиз муктаж эки эски спорт көйнөк. Кир ич кийим. Бирок тазасы да бар. Плеер батарейлери. Жумшак мукабадагы жулмаланган Гришамдын «Фирма» китеби. Ачылган «М&Мs» таңгак. Устара. Эски тиш жуугуч. Жарымдай колдонулган «Сrest» тиш жуугуч желими. Дезодорант. Кыжым кутучага салынган алтын шакек. Марван аны көргөндө кайрадан эскерүүлөр жайпады. Бул шакек кыялынан учуп кеткен эле. Бул жөнүндө көптөгөн айлардан бери эсине албай калган. Аны Раниге белек кылган эле. Ал болсо аны кайтарып берген. Сезимдер ашып-ташып сыртка атырылуу коркунучу туулду, мына кокустан, — таптакыр күтүлбөгөн жерден — Марван жандармдын көздөрүнөн жылуулук учкунун тута калды. — Баш кошкону турасыңарбы? — сурады ал. — Эгер кыз каалап калса, — өзүн зордоду Марван, карманууга калчактап. — Болбосо эмнеге «Харлейди» сатмак элем? Жандарм араң күлүп, башын чайкады. Ал буюм-теримди асма баштыкчага салып, буюм салынган баштыкка чабылды. Марван дем чыгарбай турду. Анын үрөйүн учура, баштык аял кийимдерине, атырмайларына жык толо эле. Көйнөктөргө, чөмүлүү кийимдерине, тар жынсыларга. Бийик, жапыс такалуу бут кийимдери менен. Анан калса, сөз табууга айла кетирген ич кийимдери. Бардыгы абдан кымбат жана жаңы эле (кээ бирлеринде күбөлүк белгилери сакталуу бойдон экен). Мунун баары Марван Аккад (учурдагы убакта Жек Карделл) сунуштай албас түшүндүрмөнү талап кылат. Марван анын таң калуусу жүзүнөн байкалып калган жокпу деп ойлоду. — Балким, сизди Жак эмес, а Жаклин Карделл десек туурараак болот? — жандарм сурап, күлүп жиберди. Америкалыкка көз кырын салып калышкан анын жолдоштору да күлүп калышты. — Кечиресиз, — акыры жандарм үн какты. — Мен аңдагандай, мунун баары — көшөгө ай үчүн го, ээ. Марван үчүн күтүлбөгөн жерден ага ал көз кысып калды. Марван, тынчсыздануусун билдирбөөгө тырыша жооп кыла көз кысып койду. — Башың баш, жигит. 12 «Арбак» жетип келди. Годдар менен Дюваль Лемьени так ушундай тергешет. Алар айтышкандай — «эт жүрөксүз жалаң сөөк». Ал мына-мына ушу жерде болот. Годдар балкондон вөртолеттун аянтчага кандай конгонун, андан арык, узун кишинин чыкканын, алдына жиберилген таанып билер белгиси жок унаага олтуруп жатканын көрүп турду. Жүрүш алыс эмес эле, аянтча Рэмзинин (ошондой эле, мисалга, дагы бир Монаконун ханбийкечтеринин биринин) үй-бүлөсүнө үйүндөй эле болуп калган, заңгыраган көп кабаттуу, шарты келишкен — «Соверейн Плейстен» жүз метрден кемирээк аралыкта жайгашкан. Годдар аныктагандай Рэмзинин дагы төрт үйү болгон. Бири — Жер Ортолук деңизинин түштүк жээгиндеги Рафик өскөн жер болгон Александрияда. Башкасы — Каирдин калаа четиндеги, «Блю Найл Холдингз» башкы мекемесинен алыс эмес жайгашкан Маадидеги асеми бийик калаа үй. Үчүнчүсү — ден-соолугуна зыян келтирбей лыжа тебүү курагынан өтүп кеткенине байланыштуу Рафик тез-тез ижарага берип турган Швейцариянын Давосундагы кымбат эс алуу үйү. А акыркысы, ажайып, он алты гектар аянт короо-жайлуу Париж алдындагы, алар убактысынын көбүн өткөзгөн, Клоддетин туулган жериндеги кең сарай. Монте-Карлодо батирге ээ болуу Клодеттин ою эле. Бул тууралуу Годдар аткылашуу болгон учурда өз үйүндө болгон жеке ашпозчусунун оозунан укту. Ал Клодетт ак сөөктүк өмүр кечкендигин, өзүнүн бардар досторун кабыл ала алгыдай, жайында келген өкүлдөр тобуна көрсөтүүгө боло тургандай жайга абдан ээ болгусу келгенин айтып берген. Телефон чырылдап калды. Годдар тутканы ала калды. Анан жар салды: — Келе жатат, — баарын тосуп чыгууга буйруду. Кайталоонун жөнү жок. Эч кимдин Арбакты көрөйүн деген көзү жок эле. Ар бири аны менен бирге иштөөнү баштарынан өткөрүшкөн. Ошондуктан баары, сүрөткө тартып жатканы, бармак тактарын алып турганы, өлчөгөнү, дүрмөк топтогону, өз иштерин бүтүрүштү, өз жабдыктарын жыйнап, мүмкүн болушунча бат жана жым-жым батирден жылт коюшту. Өз иштерин бүтүп деле калышкан болчу. Өлүктөр алынып ташталган, баары ар кандай майда-чүйдөлөр менен алекеттенип калышты. Эгер алар керек болуп калышса, кайрадан кайтып келишет. А азыр баары кете алышканына ыраазы, алардын катарында Дюваль дагы бар. Бир нече мүнөттөн кийин лифттин эшиги ачылып, Лемье чыкты. — Кош келиңиз, инспектор, — деди Годдар. Лемье алик алып, баш ийкеген да жок. Үн катпады. Жылмайган да жок. Ал тургай Годдардын сунган колун кыспады. Ал дароо мейманканы аралап ишке киришти — жайбаракат жана ырааттуу, кээ-кээ ийиле калып кандын тактары жана бор менен чектелген белгилерди иликтей. Айрыкча кайсы бурчтан октор атылгандыгы аны өзгөчө кызыктырды. — Бүткөнүңүздө, сизге киши өлтүрүүчү же өлтүргүчтөр колдонгон бет маңдайдагы батирди көрсөтөм, — деп сунуштады Годдар. — Менин кишилерим автоматты жана көз мээлегичти табышты. Лемье унчукпады. Ал дүрмөктөрдү эсептеп чыкты. Андан ал чындыкка ылайык, октор келген имаратты тынымсыз карай, дубалдардагы, китеп текчелердеги, тактадагы, олтургучтардагы жана дивандагы ок оюктарына өттү. — Өкүнүчтүүсү, дүрсөктөрдө бармак тактары жок, — улантты Годдар. Лемье бул жолу да эч нерсе айтпады. Кулак тундурган жымжырттык каптады. Годдар ага көз салып турду. Ал теректей узун, итирейген арык эле. Анын оркойгон ийнине кепиндей илинип турган лондондук кара суу тон. Кабагы карыш түшкөн. Ал 62 жашта, так эле Годдардын атасы курактуу, так эле ошол сыяктуу таз, болгону кулак үстүнөн эки кукум боо чач сексейип турду, а кекирейген курч мурун алдында — сакадай ак мурут. Баарынан көп Годдарды Лемьенин жүлжүйгөн күңүрт көздөрү кыжырдантат. Ал кудурет акылды, уламыштарда боло турган эс көрсөтсө да, башкалар эч кимге — курман болгондорго да, алардын бүлөлөрүнө да, андан бетер киши өлтүрүүчүлөрдү таап, аларды жоопко тартууда баарын жасаган адамдардын эч бирине да тырмактай жылуулук же кайрымдуулук белги четин да көрө алышпады. Ушундай кайдыгер адамдын, бүтүндөй Европада мынчалык бийик кадыр-баркты иштеп тапканы кандайча болду? — Годдар өзүнө кайрылды. Ырас, ал ачкан иштерди дүйнөнүн криминалисттери үйрөнүшүүдө. А башка иштеричи, унутта калган, жайма-жай угулбай калган? Эмне үчүн «улуу» Марсель Лемье тууралуу сөз козголгондо алар көңүл очогуна алынбайт? — Кылмыш ордун искөөнү кандай сүйөөрүмдү сөз менен сизге айтып бере албайм, ал тургай жытын да, — акыры унчукту Лемье, бөлмө кыдырганын уланта. — Бул Мане же Моне деген чебер неме тарткан сонун сүрөттөй. Бул пуантилизм, Годдар мырза. Жакынкы бир да кыпын, бир да түстүн түстүү чекити эч кандай мааниси жоктой. Бирок мына бул сүрөттү кучагыңызга алыш үчүн сиз артка бир кадам жасайсыз, көзүңүздү жумуп токтойсуз, ошо майда-чүйдөлөр сизге жандуу, ырайымсыз, өзүнө тартып алуучу окуяны айтып бере баштайт. Улуу тыңчылар мына так ушундай кылышкан. Көздөрүн жума, жандарын жай тарттырып, санжыраны ээрчишкен. Годдар жооп айтпады. Мына бул адамдын бүт турпаты жагымсыздыкты туудуруп турду. Азыр ал анын тизмесине өпкөлүктү, азгырылма аңкоолукту кошо алат. Эми Арбак жарым жыл мурда Париж сакчылык мекемеси батирдин бүт тарабына орноштурган кичи-камеранын бирин карап жатты. — Бардык камералар жазыгы даярдалган, — деди Годдар, суроону чаап өтө. — Жазуу сандуу, убакытты да көрсөтөт. Аларда баардыгы тартылган. Марван менен кандай сүйлөшкөнү, Рэмзини кандай атышканы. Жан сакчыларды кантип өлтүрүшкөнү. Марвандын алардын куралдарын алып жатканы. Бардыгы бул жерде. Айтмакчы, мен баллистик (химиялык) бүтүмдү алгамын. Азыраак эле дегенде «Мериьден» мейманканасындагы эки өлүктөгү октор алардын тапанчаларынын биринен. Марван аткандыгы талашсыз. Лемье токтоп, башын көтөрдү. Кокусунан пайда боло калган кызыгууга таң болгон Годдар кошумчалады: — Көйгөй бир гана мында, камера эмне болгонун көрсөтөт, бирок эмне үчүндүр сүйлөбөйт. Үн жок. Өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүндө Рэмзи мырза эмне айтканын жалгыз Марван Аккад билет. Телефондо мен сизге айткандай, мен үмүттөнөм, — сиздей эле ишенем, — ал бул караан түшкөн кылмышка чырак боло алат. — Сиз аны таптыңызбы, Годдар мырза? — сурады Лемье, жообун беш колдой билип туруп. — Азырынча жок, — Годдар моюнга алды, — бирок бизде из бар. — Эмне атап айтканда? — Ташуу менен алектенишкен компаниялардын бири жоголгон унаа жөнүндө билдиришкен. Таксинин айдоочусу акыркы ирет «Меридьенде» катталган. Аны таба албай жатышат, чакырууга жооп бербей жатат. Мейманкананын менеджери аны көргөнүн, тиги батыш тарапка жүрүп кеткенин ырастайт. — Францияны көздөйбү? — тастыктады Лемье. — Ыктымалга ылайык, — жооп берди Годдар. — Учурда кишилерим ал унааны жазган жок бекен деп көчө көзөмөл камераларын текшерип жатышат. Өнүккөн технологиянын артыкчылыгынын бири, жетишкен мамлекет-шаар аны колдоно алат. Монте-Карлодо байкоо камерасы бардык жерде орноштурулган. Сени сүрөткө тартып койбошу үчүн кылтактабаш керек. Дайым эле кылмышты алдын алуу колдон келбейт, бирок калыбына келтирип, айыпкерди табуу сейрек эмес. — Кетип бараткан таксини менеджер качан көргөн? — Эки сааттай мурун,— деди Годдар. — Шаарда Марванды башка көрүшкөн жокпу? — Жок. — Ницце аэропортунан да көрүшкөн эмеспи? — Жок. — Каннада да? — Жок. — Йерде да? Бөлмө аралап жүрүп, Лемье кокусунан чукул токтоп калды. — Ал Марселге аттанып жатат, — деди ал. — Мени аэропорттун коопсуздук кызмат жетекчисине байланыштыргыла — тез! 13 «Роял Эр Марок» 256 рейсинин учагы жамгырлуу караңгылыкка кирди. Бортто 140 жүргүнчү бар, алардын бири Марван Аккад же Жек Карделл эле. Учак түштүккө бурум жасап, Жер Ортолук деңизинен 7500 метр бийиктикте, саатына 800 километр ылдамдыкта көтөрүлүп кетти. Чаңкоо кандырган муздак суусундуктарды алып келишти, учкуч ички жарыкты өчүрдү, жүргүнчүлөрдүн көбү үргүлөй баштады. Марван уктай албады. Жараат жан чыдатпай ооруп жатты. Ал терге чөмүлүп, калтырап-титиреп жүрөгү айлана баштады. Стюардессадан оору басаңдатуучу дары-дармек сурап, аларды кока-кола менен жутту. Андан кийин колу-бетин жууганы ажатканага барды. Эшикти жаап, күзгүдөн өзүн карады. Кебетеси абалына төп келип турду: жүзү бозоргон, көзү канталаган. Курткасын чечип, спорт көйнөгү канга былчылдап канып калганын көрдү. Аэропортто кийим алмаштырган учурда жараатына жабыштырган кагаз сүлгүдөн кан өтүп кетиптир. Марван курткасын илгичке асты, колдорун самындап жылуу сууга жышыды, ийинине жабышып калган кагаз сүлгүнү алып таштагыдай кылып акырын суулады. Бул жүрөкзаадалуу болду жана ал ойлогондон ашыкча кол кармады. Эшикти стюардесса тыкылдатты. — Сэр, — деп сурады ал, — баары жайындабы? — Ооба, ырахмат, — жооп берди Марван. — Ыраспы? — ал кайта сурады. — Ооба, баары жайында, — деди ал. — Мен чыгып баратам. — Жакында конобуз, сэр. Ордуңузга барып, курду курчанышыңыз зарыл. — Ии, ии, — деди ал. — Мен азыр барам. Марванга азыр өзүнө көңүл бурдуртуу жакшылыкка алып келбейт. Өзүн аябагандай жаман сезип турган алына карабай, зыркыроодон чүрүшүп, шашкалактап жатса да, жараатты жууп тазалап, ага жаңы нымдуу кагаз сүлгүлөрдү жабыштырды. Анан бетин чайкап аарчынып, тешик тепшини, үстөлчөнү сүрө аарчып, колдонгон кагаз сүлгүнү таштанды салган чакага ыргытты. Куртканы кийип, эч жеринде кан тактары калбаганына көзү жетиш үчүн, азыр дагы бир жолу күзгүнү каранды да, ажатканадан чыкты. — Чын эле баары жайындабы? — стюардесса андан сурады. — Бир аз башым тегерендиби деп коркуп турам, — деп жооп берди ал, мунун жетиштүү болооруна, стюардесса анын тынчын албастыгына үмүттөнө. — Сиз ырасында эле кер сары болуп турасыз, — деди ал. — Конгондон кийин доктур абалыңызды текшерүүсүн каалайсызбы? — Мунун кереги деле жок, — жооп берди, аны кайрадан тер басты. — Селким мени колго алат. Абдан кичи пейил экенсиз, ыраазымын. Ал жанын жайына койду. Бирок Марван өз ордуна кайтып келгенде, кайрадан чочулоо каптап алды, а учак Касабланкага жакындап жатты. Ырас, Европадан жана Марселден кутулуу ага буйруду. Бирок өзүн байкатып койду. Бул аял жүзүн, көзүн, кыймыл-аракетин эстеп калды. Ал жөнүндө ага соболдорду бергенге чейин канча убак өтөт? Клодетт Рэмзини жана анын баш кесерлерин айтпаганда эле, артынан аз эле дегенде үч өлкөнүн полициясы кууп жүрөт. Алар ага канчалык жакын болуп калышты? Аэропортто изин калтырганын билип турат. Аларды көрүшүп, анын Мароккого бет алганын билип калышат. Эгер эки күндөн кийин да тирүү тура турган болсо, олжолуу болду деп эсептесе болот. Учак акыры келип конду. Паспорт текшерүүдөн Марван чуулгасыз өтүп, күрөөгө унаа алып шаарга жөнөп кетти. Күчтүү ноябрь жааны төгүп турду. Унаанын ичи эч эле жылыбай койду, терезени тазалагычтар тапшырмаларын аткара албай турушту, а ага жол белгилерин ылгоо кыйынга турду. Касабланкада болгону бир нече жолу жүрүш тобунда гана болгон. Баары аздык кылгансып, эми ысытмасы көтөрүлүп баштады. А алсырап турганын сезип жатты жана кайда турганын зорго аңдаштыра алат. Эки ирет уктап кете жаздап, араң өз сызыгына бурулууга жетишип калды. Өз абалын баамдап эле турат, бирок эч нерсе колдон келбейт: сапарды улоосу зарыл. Ал көп кан жоготту. Жарааты сезгенди. Уктабаганына, даам татпаганына көп болду, аз жерден эле эстен танганы турат. Капчыгындагы барактын айрыгына жазылган дарекке жетип келгенде түн жарымы болуп калган эле. Чоң Мечиттен алыс эмес турган бийик сур кум-таш имарат Мароккодогу башка көп кабаттуу үйлөргө окшош эле. Бирок анын бир айырмаланган өзгөчөлүгү бар: анын жетинче кабатында үчүнчү класстан баштап ашык болгон кызы жашайт. Имарат уйкуга чөмүлгөн. Токтоочу жай да. Анын жанынан Марван бутунун учу менен өтүп, лифттин чуусу абышканы ойготуп жибербеши үчүн, тепкич менен жогору көтөрүлө баштады. Жетинчи кабатка чыкканда Марван биротоло деми кысылып калды. Оорунун зыркыраганы күчөдү. Кире бериш начар жарык кылынган, баарын тумандагыдай көрүп турду. Оозу какшып калды. «701» окшойт? Ал керектүү эшиктин алдында турду. Коркуудан, арсар болуудан жүрөгү алып учуп жатат. Эмне күтүп турганын элестете да албайт, келбети да үрөй учура тургандай экенин билип турат. Бирок эмне кыла алат? Чар тарапты карады: кире бериште эч ким жок. Тынч эле, бир гана кире бериштин аяк ченинде кимдир бирөөнүн сыналгысы басаңдатыла үн чыгарып турду. Тыкылдатты. Жооп болбоду. Дагы бир жолу тыкылдатты. Дагы жоопсуз. Аны дүрбөлөң каптады. Үйүндө жок. Ушундай кеч түндө кайда болушу мүмкүн? Даректен адашып калган жокпу? Башы тегеренип кирди. Мейманкана таап, эрте менен кайра келиши керекпи? Кайсы мейманканага? Анын алдын ала даярдаган бөлмөсү жок. Мейманкананын кайда экенин да билбейт. Чала да албайт, анткени телефону жок. Кайтадан баары көз алдында калкып кетти. Буттарын сезбей калды. Чынжырдын шылдырагын, ачылып жаткан кулпунун дабышын угуп калды. Маңдайындагы эшик бир аз ачылды. Жарык тилкеси бетине түштү, ал бырыша терс бурулду. Периштенин дабышын эске салган үн сурады: — Марван, бул сенби? Көздөрү караңгылашып, эс-учун жоготту. — II — 14 Клодетт Рэмзи тоодогу зор виллада жасалма көлмөнүн жээгиндеги шезлонгдо Сан-Паулонун мээ кайнаткан күн нурунан сиңирип, стакандан муздатылган пина-колад соро ичип чалкалап жатты. Ал өзүн жаңы тапкан боштондугуна ырахаттанган аялдай алып жүрдү, ошол жердик жалчысы анын ийнине, аркабелине кокос майын сүртүп жатты, бирок акыркы жортуулдун кабарын күтө, толугу менен өзүн эркин сезе албай жатты. Мындан ары мына бул чыдай алгыс зулум менен — аны аркасынан атап алган «фараон менен» күнүн бөлүшпөй турган болот. Ал эми тирүү эмес. А анын жан сакчысычы? Аны дагы тынчыттыбы? Андай болгон болсо, дагы ким калат? Ал дагы кимге айтты экен? Спутниктик телефон чыркырады. Ал олтуруп, жалчыны сыртка кууп жиберди. Жалгыз калганына көзү жеткенде гана, ачылып-жабылма телефонун ачып: — Бул түйүн бүтүндөй коопсузбу? — деп сурады. — Албетте, — нары жактын аягындагы үн жооп берди. — Мени башы жок деп ойлойсузбу? — Мен өзүмдү тобокелге сала албайм. Сиз көрүп турасыз, көп нерсе кыр үстүнө коюлганын. — Бир эле сиз тобекел кылган жоксуз. — Демек, баары орундалдыбы? — Баары эмес. — Ал эмнеси? — такалады ал. — Сиздин күйөөңүздүн иши бүттү. Бирок Марван Аккад качып кетти. — Кантип? Мен үч топко акча төлөдүм эле го. — Ал — иштин көзүн билген адис. — Мен сизди мыкты адис деп эсептегем. — Биз аны табабыз, — тигил үн аны ишендирди. — Аны да тынчытабыз. Бирок буга көп убакыт, көп акча керек болот. — Мындай болбойт, — деп ал тиштенип туруп айтты. — Башка бир цент да бере албайм. Сиз экөөнү тең ойрон кылам дегенсиз. Мен төлөдүм. Калганы — сиздин көйгөйүңүз. — Сиз бир нерсени унутуп турасыз, Рэмзи айым. — Мени мындай атабаңыз! — деп талап кылды ал. — Сиз билесиз, мен бул атты жек көрөм. — Баары бир, — тигил үн улады, — сиздин кайда турганыңыз, эмне кылып жатканыңыз мага жат, калган өмүрүңүздү түрмөдө гана сүрдүрүүгө менде далилдер жетиштүү. — Далилдер сизге да каршы күбөлөндүрүшөт, — ырылдады ал. — Чын элеби? Анда көрө жатарбыз. Клодетт Рэмзи жүзү каарданып, жасалма көлмөнүн жанындагы аянтчаны кадамдай санады. — Мени коркутууга даап жатасызбы?! Мениби… — Үнүңүздү басыңыз! — ары жактын аягында анын жаагын жаба сүйлөдү. — Сиз эмне, жүрүштүн ортосунда айнып, милдетинен качууга далдас урган жалдоочулардын биринчисимин деп турасызбы? Бизде андай адамдарды моюн сундура турган ыкмалар бар, аларды өз башыңыздан көрүшүңүздү мен сизге каалабайм. — Мен баш тартып жаткан жокмун! — жооп кайтарды ал. — Бирок биз келишкенден ашыкча төлөгүм келбейт. — Канча керек болсо, ошончо төлөйсүз, же өз жаныңызды бересиз! Сиз мени түшүндүңүзбү? Клодетт турган жеринде селейип калды. Ал айткан сөзүн аткараары турган кеп. Ал өлгүсү келбейт. Ал болгону эркин куштай жана бай болгусу келет, буга толук акысы бар. Бригитта өтө жаман өлүм менен өлдү, — ал муну күткөн эмес жана бул үчүн акча төлөгөн эмес болчу. Ал өзүнүн керт башы үчүн чоочулап калды. — Болуптур, — үшкүрүндү ал. — Ишти бүтүргөнгө сизге дагы канча керек? 15 Рания Фаваз ооз учунда атырылууга даяр турган айкырыкты кармады. Калтырак басты. Көргөн көзүнө ишенбей турду. Марван Аккадды аз дегенде жарым жылдан бери жолуктура элек болчу. Кайрадан жаңы барактан — ансыз жаңы жашоо башташ үчүн, Парижден кетип, Касабланкадан жумуш тапты. Ал аны кантип таап алды? Эмнеге ал бул жакка келди? Ага эмне болгон? Бир колуна үй халатын кармай, Рания Марваддын тамырын, чекесин кармап көрдү. Эс-учтан танган, бирок тирүү, ысытмасы жогору. Көйнөктөгү кан тагын көрдү, ал акырын куртканы көтөрүп, өтө эле жаман жараатты көрдү. — Лейла! — кошуналарды ойготуп албашы үчүн шыбырап чакырды. — Лейла тез мында кел! Бөлмөлөш кошунасы таң заар ойготуп жатышканына нааразы боло, тыржыя керебеттен туруп, чалыштай басып конок бөлмөгө келди. Эшик алдында эби жок бүктөлүп жаткан адамды көрдү. — Бул ким? — сурак салды ал. — Марван Аккад, — жооп кайтарды Рания, этият арка белин оодара. Лейла оозун ачып эле калды. — Марван? Бирок мен ойлогом…эмне үчүн ал бул жерде? — Бир эле Кудай билбесе, — деди Рания. — Карачы, ал жарадар. — Жарадар? Лейланын үрөйү учуп турду. — Ичкери алып киргенге жардамдаш,— деди Рания. — Сен эмне жинди болдуңбу? — сурады Лейла. — Биз полицияга кабарлашыбыз керек. — Жок, — чукул жана чечкин жооп кайтарды Рания. — Эмне үчүн? — Кийин түшүндүрөм. — Жок, азыр айт, — деп такалады Лейла. — Акырын! — шыбырады Рания. — Мага түшүндүр, — айтканынан кайтпады Лейла. — Айта албайм, — деди Рания. — Бул жерде эмес. Босогодо эмес. — Аны үйүмө алып киргенге сага жардамдашкыдай ниетим жок. — Биздин үйгө, — түздөдү Рания аны. — Эсиңде болсо жарымын мен төлөйм. — Бирок келишим менин атыма түзүлгөн, — деп жооп кайтарды Лейла, — сен анын айынан Франциядан качып келгенсиң, ошого жардам берем деп мени көчөгө ыргытып жиберишин, камап салышын андан бетер каалабайм. Рания түздөнө калып, курбусунун көзүнө карады. Алар экөө тең бир ооруканада, бир бөлүмдө медсестра болуп иштешет. Рания экөөнүн бири Марванга зарыл жардамды бере аларына көзү жетпей турду, бирок аракет кылып көрүшү керек. — Ал өлүп калат, Лейла. Биз аны ушундай абалында таштап кое албайбыз. Лейла моюн бербей турду. — Туп-туура. Полицияны чакыра алабыз, ал ага кам көрөт. Телефон чалууга жөнөй бурулганда, Рания аны колдон кармай калды. — Дос катары өтүнөм, — тиштене үн какты. — Кое бер мени. — Жардамдашасыңбы? — сурады ал, Лейланы тике карап. — Кое бер дейм, — деди тиги бой бербей. — Болуптур, жардамдашпай эле кой, — деди Рания, — бирок таң атпай туруп доктор Рамизге өткөн жумада сен эч кандай кесел болбогонуңду жеткизем. Лейла көзүн жүлжүйттү. — Сен мындай кыла албайсың. — А эмнеге? — деп суроо салды Рания. — Мен сени куткардым. Мен ага сени сасык тумоолоп жатат деп койдум, анткени сени дос дегем. Кандай ойлойсуң, ал сенин бир жума бою Тенерифте испан досуңа кошулуп алып, серфинг (суу үстүндө) менен жүргөнүңдү билгенде эмне дээр экен? — Ал сени да жумуштан айдайт, — деди Лейла. — Алдаганың үчүн. — Ошондой болушу ыктымал, — жооп айтты Рания, кармаган колун кое бербей. — Ал эми атаң мен ага Раул тууралу айтсам эмне кылар экен? Ал анын тыюу салганына карабай, жашырынып жолугушуп жүргөнүңөрдү билеби? Мейманканаларда бир бөлмөдө калганыңарды? Лейла колун сууруп алып, Раниядан жыла түштү. — Макул, жардам берейин, — деди ал. — Бирок Раулду оозго алба. Эгер атам билсе… Күтпөгөн жерден бет маңдайдагы батирдин жарык жандыргычы шырт этти, эшик алдында жарыктын сызыгы пайда болду. Мырзайым Бадавинин батиринде кандайдыр кыймылдар башталды. Ал кошуналардын эң чуулусу, өтө көп сүйлөгөнү эле. Эгер ал Марванды көрүп калса, сөзсүз полицияны чакырат, болгон нерсе баарына заматта жетет. — Батыраак! — шыбырады Рания. Алар Лейла экөө тең бир далай арык чырай кыздар эле, Марванды колдон-буттан ала, аны бөлмөгө араң сүйрөй алып киришти да, эшикти жаап алышты. Энтиккендерин баса, конок бөлмөдөгү диванга жаткырып, жууркан төшөп коюшту. Рания өзүнүн медициналык сандыкчасын, а Лейла — таза сүлгүнү алып келди. Анан Рания жуурканды түрүп, Марвандан куртканы чечти да, спорт көйнөгүн кесип салды. Экөө тең бети-башын бырыштырышты. — Жараатка микробдор кирип кеткен, — деди Лейла. Ысытмасын өлчөп, Рания баш ийкеди. — 40 экен. Сезимдерин ичке ката, Рания эмне кылыш керектигине оюн топтоого тырышты. Ал кичинекей скальпелди алып, даки менен жараатты тазалап кирди. Кийин аны микробго каршы дары менен тазалады. Аябагандай ооруган чыгаар, бирок Марван селт этип же кыймылдап да койгон жок. — Рания, аны доктурга көрсөтүшүбүз керек, — деди Лейла, айткан сөзү боюнча, өзү сүйбөгөн адамга Рания кандай карбаластап, жардам көрсөтүүгө аракеттенип жатканын карап. — Эгер биз мындай кылбасак, ал өлөт, биз болсо жоопко тартылабыз. — Доктурга көрсөтүүгө болбойт, — жооп айтты Рания. — Эмне үчүн? — сурады Лейла. — Ойлосоң, эгер барууга боло турган болсо, ал өзү доктурга же полицияга барбай коймок беле? — сурады Рания, көз жашын сүрө. — Башында кырсык турат. Болбосо эмнеге мага келмек эле? Бир гана ушу себептүү. — Аны издеп жатышат деп ойлойсуңбу? — Билбейм. — Бирок сени кантип таап алды? — сурады Лейла. — Мен ойлогом… — Мен билбейм. — Рания ойлонуп калды. — Ал башынан эле өтө ойлоп тапкыч. — А эгерде муну кылгандар дагы ушундай «тапкычтардан» болсочу? — сурады Лейла. Эгер аны өлтүрүш керек болсо бул жакка да келишеби? Сен эмне түшүнбөй турасыңбы? Алар бизди да өлтүрүшөт. Рания ачык буркуроого дайын эле. Лейла туура айтат. Марван өлүм алдында турат, ага жардам берүү менен өз өмүрүн тобокелге салууда. Бир кезде кандай гана себепте эки бет болуп кетишпесин, бирок ал эч нерсе кылбай кое албайт. Ал уктоочу бөлмөгө чуркады. — Сен кайда? — сурап калды Лейла. Рания жука иш халатына которунду. Анан тастыктамасын, капчыгын кыпчый, сыртка умтулду. — Каякка? — такап сурады Лейла. — Ооруканага. — Сен акылыңдан ажырап калдың! — Мага майда-чүйдө керек. — Эмне деп жатасың? Сага эмне керек? — Антибиотиктер, плазма, оору басаңдатуучу дарылар. — Түн бир оокум болду! — Мен билем. Жыйырма мүнөттө келип калам. — А мунуңдун жыйырма мүнөтү да жок чыгаар. — Мен бат эле. — Бирок ооруканадан аны-муну алганга акың жок, — деди Лейла. Рания кийим салгычтан пальтосун алып кийди. — Башка чарам жок. — А сени кармап алышсачы? — Мен сак болом. — Бул өтө эле опурталдуу. — А сен кандай ойлойсуң? — сурады Рания. — Мен Раулга чалам, — деди Лейла. — Бул жумада ал түнкү күзөттө. — Жок, — деди Рания. — Эч ким Марван тууралуу билбеши керек. — Ал эч кимге айтпайт. — Ырахмат, Лейла, мен сага ыраазымын. Бирок муну мен өзүм кылышым керек. — Эмне үчүн? — сурады Лейла. — Колуңда болгондун баарын, — өз ишиңди, жаныңды жоготууга кайыл болгудай, — эмненин урматына? Марван Аккаддын урматынабы? Аны көргөнгө көзүм жок дебедиң беле? Өз оозуң менен айткансың мага. — Мен билем, — деди Рания, баштыкчадан ачкычты чыгара. Лейлага бурулуп, бетинен өпкүлөдү. — Бирок себебин айткан эмесмин. Эгер сен билген болсоң, анда түшүнө алмаксың. Мени кармап албашы үчүн сыйынам деп убада эле берчи. — Сөз берем, — акырын айты Лейла. Рания чыгып кетти. 16 Рания унааны оорукананын арт жагына калтырып, бир нече каалгаларды ачууга аракет кылып, түрткүлөп чыкты. Бүт баары жабык эле. Каптал тараптагы каалганы да түртүп көрдү, бирок тигилер да түнкүсүн бекитилген. Тез жардам тараптан гана кирүүгө мүмкүн экенин түшүндү, демек кароолчунун алдынан. Мындайча айтканда көрүшөт, мүмкүн, бирдеме сураштырышат. Балким, кирип-чыкканын, белгилеп да коюшаттыр (бул үчүн себеп жок). Ал саатка карап алды. Анын башка айласы жок. — Фаваз айым, ушундай караңгы кечте сизди эч качан бул жерден көрбөгөм, — төш белгисин текшерген кароолчу кайрылды. — Рамиз доктур мени чакыртты, — деп алдады ал, — аны-муну алып келишимди буйруду. — Тынчылыкпы? — кароолчу сурады. — Ананчы, — жооп кайтарды. Жүрөгү дүкүлдөп чыкты. — Эртең бир канча оорулууларды карайт, кээ бир дармектери жок экен. Мен бат эле. — Жардам керекпи? — Жок, баары жайында, — аны алдап, жумушун кынга коюп жатканына жанын коерго жер таппай жооп бере салды Рания. — Мен тез эле. — Жакшы, — деди кароолчу. — Бул жерге кол коюп коюңуз. Чоң дептерден ага өз колун коюшу керек болгон сызыкты көрсөттү. Ал калем сапты карап, мунун баары башына эмне алып келээри жөнүндө ойлоду. — Бир нерсе болдубу? — деп сурады кароолчу, анын арсар турганын байкай. Көзүн дароо жума калып, оозун ачып эстеп алды. — Жок, мен жөн эле чарчадым, — жооп айтты ал. Калем сапты алып, кол койгонго аракеттенди, бирок анысы жазбайт экен. — Жазбай жатат, — деди ал. — Чын элеби? — сурады ал. — Аны кичине силкилдетиңиз. Силкилдетип, дагы бир жолу жазып көрдү. Кайрадан тыянаксыз. — Кана, бул сизге жагабы, — деди ал. — Меникин алыңыз. Кароолчу чөнтөгүн сыйпалап, бирок адаттагы ордунда калем сап жок болуп чыкты. — Кызык, — деди ал, үстөлдүн үстүн, анан астын издей. — Азыр эле ушу жерде турган. Рания сааты карады. — Шашып жатам, — деди ал. — Балким, жогоруга чуркап барып, доктур Рамизге керектүүсүн алып келе калам? Кароолчу дагы эле жер аңтарып жатты. — Түшүнө албай турам… — далдастай, ал тургай кыжырдана күбүрөндү. — Бул мага жаккан калем сап болчу. Рания жакын арада жооп болбосуна көзү жетти. Ал лифт тарапты карады, бирок бул өтө эле узак болорун чечип, тепкичте көтөрүлүп жөнөдү. Кароолчу дагы эле калем сапты издөө менен алек. Ал үчүнчү кабаттагы манипуляциондук бөлмөгө шашылды. Кабат тынч. Бир медсестра үстөл артында олтурган, башкасы көрүп чыгуу менен алек. Токтолбой бат жасаш керек. Топ ачкычтан таамай таап, эшикти ачып кирди. Сүкөндү ачып, ичине жылмышты. Ал керектүү нерсенин баарын жыйнап, баштыкка салды. Аңгыча кадамдар угула калды. Жарыкты өчүрүп, темир текченин артына олтура калды. Эшик ачылды. Бирөө ышкырыгын ышкыра жарыкты күйгүзүп кирип келди. Ранинин жүрөгү жарылып кете жаздады. Бул Лейланын жигити Раул экен. Ал эмне кылып жүрөт? Балким Лейла ага чалгандыр? Айтып салдыбы? Кысым кыйнап турду. Караңгы түндөгү бул жүрүшүн жоруп бере да албайт. Эгер ал аны кармап берсечи… Бул ойлор анын жүрөгүн түшүрдү. Бул ойлорду кууганга аракеттенди. Рания демин ичине катты. Анын буттарын көрүп, ышкырыгын ышкырганын койбой, текчеге бир нерсе коюп жатканын угуп турду. Ал анын бул жерде экенин билбейт, аны издеп жаткан жок. Жарыкты өчүрүп, чыгып кетти. Рания терең дем алды. Калтырап-титиреп турду. Дагы бирөө жарым келе жаткан жокпу деп тыңшай, бир нече дем аңдый турду. Жан-жактын баары жай эле. Ал туруп, бир демеге тийип албоого этият боло, уурдана эшикке умтулду. Керектүүнүн баарын алды. Бир нерсе боло электе тыз коюш керек. Баш багып карап алды. Жол шыр. Баштыкты көкүрөгүнө кыса кучактап, тепкичке чуу койду да, үч кабат төмөн чуркап түштү. Демин басыш үчүн биринчи кабатта токтой турду. Анан дароо кылчайбастан түз, телевизоруна кадалган кароолчуну карабай чыга беришти көздөй бет алды. Кокустан үндү укканда, эшик алдына жакын келип калган эле: — Фаваз айым, токтоп туруңуз! Рания турган жеринде катып калды. Бул кароолчу. Ал куйрукка басты. Бирок кантип? Бат-бат дем алды. Башы тегеренип кетти. Эмне кылса болот? Качууга болбойт — кармап алышат. Дурус эле дегенде аны өлкөдөн чыгарып салышат. А эгер..? Жок, бул жөнүндө ойлогусу да келбейт. Рания камырабагандыгын көрсөтүш үчүн жайбаракат бурулду, бирок үмүтү үзүлдү. Алсыздык, коркунуч басып турду. Тагдырга баарын тапшырыш керек — Марван менен Лейланы да. Алар мыйзамды бузушту, бул үчүн азабын тартыш керек. Мунун баары кандай болуп кетти? Кароолчу олтургучтан көтөрүлдү, анын жүзүндө зекиткен эч нерсеси жок эле. Ал жылмайды. — Фаваз айым, караңызчы, калем сабымды таап алдым, — деди ал аны таң калтырып. — Келиңиз, келип-кеткениңизди белгилеш керек. Ал шайыр экен, а Рания ыйлаганы араң турат. Бирок 10 мүнөттөн кийин батирине кайтып келип калды. — Мынча эмне узак? — сурады Лейла. — Ылдамыраак болбой калды, — деди Рания, — кээ бир жерде тоскоолдуктар торуду. — Кандай тоскоолдуктар? — Эч нерсе эмес, баары жакшы. — Жок, Рания, баары эмес. — Эмне болду? — Марвандын ысытмасы 40 тан ашты. 17 Марсель аэропортунун жумушчусу эрте таңда өлтүрүлгөн таксисттин денесин таап алды. 15 мүнөттөн кийин ал жай полицияга курчалды, 7.30 да инспектор Монте-Карлодогу Жан-Клод Годдардын телефону жаңырды. — Угуп жатам, — деди ал, түнөп калган бөлмөсүндө көзү илине кеткен уйкусунан ойгоно. — Сиз тамашалап… Кайда? Жай кароого алындыбы?…Жок, биз вертолетто жетип барабыз… Бардыгын даярдагыла… Азаматтар. Ал баарын уюштурушу үчүн Колетт Дювалга чалды, андан кийин Лемьеге кабарды билдирди. Аларда эми из бар. Годдар бетине суу чапкылады, тишин тазалады, таранып түзөндү, үстөл сандыгынан таза көйнөк таап кийди. Төш белгини, тапанчаны, капчыгын жана ачкычтарды ала, Дювалды кире бериштен жолуктурду. Ал аны вертолетко алып барды. Ал жерде Лемье менен жолугушуусу керек. — Өңүңүз жаман болуп турат, — деди Дюваль, жарым жартылай бош көчөдө баратканда. — Абалым андан да начар сезилет, — деп жооп айтты Годдар. — Үйгө кеткен жоксузбу? — Кантип кетем? — жазган тизмегин барактай. — Марван тууралуу жаңы бир нерсе барбы? — Болгону, мен сизге таңкы төрттө электрондук почта аркылуу жибергеним эле, — жооп берди Дюваль, — бирок саат ондо Бейрут жана Париж менен конферец-байланыш белгиленген. Бирдеме боло калганда эле сизге чала коем. Дюваль токтоочу жайга кирип келди. Кичи учак дайын экен. Годдар баштыгын алып, унаадан чыкты. — Мени менен орун алмашкыңыз келбейби? — деди ал, от алдыргычтын өкүрүгүн аша кыйкырууга чабалай кыйкырып. — Эртеден-кечке күндү Арбак менен өткөрүш үчүнбү? — кыйкырды жооп кыла Дюваль. — Суктанарлык нерсе, бирок сизди ушундай мүмкүнчүлүктөн ажыраткым келбейт. — Боор эзерлик, — деди Годдар. — Марван менен алектенүүлөрдү уланткыла. — Улантабыз. Инспектор Лемье жетип келди, вертолет учуп кетти. — Ошентип, Годдар мырза, — деди Лемье бир нече мүнөттөн кийин, — жанагы Марван жөнүндө эмнелериңиз бар? Башталды. — Анын толук аты-жөнү Марван Адиб Муса Аккад, — деп баштады Годдар, Франция үстүнөн учуп баратканда. — Ал 1978-жылдын 14-февралында, Ливанда, Сайдда туулган. Атасы Адиб банкир болгон, энеси Сара — мектепте мугалим. 73-жылы бул үй-бүлө Бейрутка көчүп келишкен. Калган маалыматтар бир топ кесик-үзүк. Марвандын жалгыз иниси Рами 1982-жылы туулгандыгын билебиз. Марвандын 96-жылы аскерге барганы, өзүн мыкты көрсөткөнү, муну эске ала аны жогору көтөрүшкөнү маалым. Жогорку бөлүктөрдө кызмат өтөп жүрүп, тыңчылык кызматына которулган, 98-жылы коргоо министринин жан сакчысы болуп, а 1999-жылдан 2001-жылга чейин премьер-министирдин сакчылыгында кызмат өтөгөн. Годдар Дювальдан келген кабар түрмөгүн карап чыкты. — Ал 2003-жылы мамлекеттик кызматтан кеткен, — сөзүн улады ал. — Аскерден кетип, «Аккад жана кызматташтар» сакчылык компаниясын негиздеген. Бизге белгилүү болгондой, алар негизинен уурдалаган адамдарды табуу менен жана Иракта иштеген «Вестерн Ойлдун» кызмат тобун, жетекчилерин коргоо менен аракеттенишет. Жакын арадан бери алардын коопсуздугун Ливанда камсыз кыла башташкан. Көрүнүп тургандай, Персид булуң аймагындагы алардын бай кардарлар менен болгон иши жемиштүү өнүгүп жатат. Компаниянын сайтында Бейруттагы башкы офис тууралуу маалыматтар жана кардарлардын тизмеги гана бар. Кесиптешим Колетт Дюваль кечээ кечинде алар менен байланышууга аракеттенди, бирок алар жабык экен. Бир сааттан кийин дагы чыгып көрөт. — Болгону ушубу? — сурады Лемье. — Азырынча, ушул эле, — жооп берди Годдар, Леменин кысымына тумчуга. — Мунун баарын мени билбейт деп турасызбы? — сурады Арбак кыжырдана. — Бул маалыматтын баарын катчыма телефон чалып эле алып алдым. Бул беш мүнөттөн көп эмес убакытты алды. Менин катчы кызым Марван Аккад жөнүндө сизге караганда, Годдар мырза, көбүрөөк билет. Монаконун колунан келгени ушубу? Годдар кызуу кандуулукка алдырбоону чечти. Кез-кез мына бул сөлөкөттү жөн эле чаап салгысы келип турду, бирок муну кылууга өзүнө жол бербейт. Акыр аягы каны кайнап чыкканын моюнга алып, мындай жол менен Лемьенин отуна май тамызгысы келген жок. — Сиз эмне болсо, ошону билүүнү сурагансыз, — жооп берди Годдар. — Бир нече сааттан кийин кененирээк билип калабыз. — Бир нече сааттардан кийин, Марван Японияда же Аляскада болуп калат, — бурк деди Лемье. — Биз күтүп олтурууга жол бере албайбыз, Годдар мырза. Кан ичкич бизден 9 саат алдыга озуп, эркиндикте жүрөт. Годдар бети, мойну кызарып, кулагы кызып чыкканын сезди. Анын кордолгонуна баары күбө болуп турушту, ал жооп кайтаргысы келип турду. Бирок азыр маалы да, орду да эмес. — Мага кызык, Годдар мырза, — деди Лемье, алардын Марселге учуусу уланууда, — эмне үчүн сиз Марван иниси экөө 82-жылдагы Ливан кийлигишүүсүн кандай баштан кечиргендиги, энесине жабышып, айнек жана жаргычтар сыныктарынан баш калкалап, чоң тепшиде бекинишкендиги тууралуу эч нерсени айткан жоксуз? — Коркконум, мен эми… — Эмне үчүн сиз болгон нерсенин четин да, Раминин тушоо кесүү тоюнда Марвандын көз алдында мина снаряды менен эки таякеси, эки тайэжеси балдары менен чогуу өлтүрүлгөнү жөнүндө үн катпайсыз? — кебин кайрады. — Мындан бир канча жылдан кийин, Марван иниси экөө, Бейруттун көчөсүндө, унаада ата-энеси кандай жардырылганын көрүшкөнүн сиз билесизби? Годдар терезеден жылаңач дарактарды, кир мал сарайды көрүп турду: түн бою жаан басылбады. — Дагы эмне? — сурады Лемье. — 1993-жылдын 3-январы — бул сизге бир нерсе айтып жатабы? — Жок, — жооп берди Годдар. Ал кемсине түштү. Негизгиси, Лемьеники туура. Көбүрөөк маалымат казыш керек болчу, Лемьеге мына бул күкүмдөрдү көрсөтпөй. Ал анын кандай иштей турганын билген, эми азыр өзүн гана жемелей алат. Кейиштүүсү, Лемье дагы эле бүтпөй жатты. — Ошондо Марван он бешке чыгып калган, а Рами — он бирде, — деди Арбак, тырмактай кабак-кашым дебей. — Бул күндүн элеси өлөр-өлгөнчө алардын көз алдынан кетпейт. Ал тууралуу айтышпайт да, эскеришпейт. Бул иштин бетин ачкыңыз келеби, Годдар мырза? Анда Марван Аккад эмне деген адам экенин аңдаш керек. Адамды эмне зордук-зомбулука түртөөрүн билгиңиз келеби? Канкордукка? Адамдарга коркунуч туудурууга түрткөнгө? Анда эмесе сизге аны калыптандырган окуяларды талдап, аларды эмне жетелей турганын түшүнүш керек. — Баары, Марвандын ата-энеси өлтүрүлгөндөн башталган. Марван ага эле эмес — үй-бүлө башчысы болуп калган. Рамиге кам көрө ала турган эч ким калбады. Агалары-жеңелери тирүү калган жок, а калган туугандары Ливандан Европага, Штатка көчүп кетишкен. Марван өзү инисин кийиндирип-ичиндирип, коргоп, көз салышы керек болгон. Ал тургай аскер кызматын өтөп жүргөндө да Рамиге кам көрүп турган. Ал жогорку даражадагы бөлүктөргө бөлүнүүгө жетишкен, ага өзгөчө тапшырмаларды беришкен, беделдүү орунга премьер-министрдин орун басарынын өзүн коргоого бекитишкен. — Эмнеге? Алар кандай максатты көздөгөн? Асыл максатты айтыңызчы — өздөрү башынан өткөрүүгө туура келген, өз өлкө башчыларынын, бул жетекчилердин балдарын азап тартуудан коргоону камсыз кылуубу? Сиз бешиктеги жаш бала эмессиз, Годдар мырза? Годдар эч жооп айтпады. Мунун баарына кекиртектен тоюп турду. — Марван Аккадды өлкөсүнө болгон сүйүү жетелеп жаткан жок, Годдар мырза, — деди Лемье. Аларды тойбостук жетелейт. Мага ишениңиз. Буга окшогон адамдарды өмүр бою кууп жүрөм. Мен аларды тааныйм. Марван укугум бар деп эсептеген, өзүнө таандык нерселерге ээ болгусу келет. Андан тартып алган нерсени: чоң мүлк гана бере ала турган байлык, жеңилбестик эренин кайтаргысы келет. Өзүнүн бул канбас каалоосун кандырыш үчүн, ал кудуреттүүлөрдүн жана байлардын эсебинен каныгат, — жибине чейин тоноор алдында аларды алдамчы коопсуздук сезимдерине чөмүлдүрөт. Менин кебимди эстеп калыңыз, мырза, Марван Аккад — турган шайтан. Ал уурдап, өлтүрүп, жок кылганды гана билет. Ал муну кайрадан кылганга дейре, биз аны табышыбыз керек. 18 Годдар менен Лемье отурган вертолөт Марселге конгон мезгилде жергиликтүү бийликтердин колунда жаңы далилдер бар эле. Аэропорттун коргоо башчысынын бөлмөсүндө алар байкоо камерасынын жазганын карай башташты. Биринчи камерада Марвандын таксиси токтоочу жайга кирип келетканы көрүнүп турду. Экинчиси бир нече мүнөттөн кийин ал аэропорттун имаратына кирип баратканын көрсөттү. Башкаларында — сактык бөлүмдүн бөлүкчөсүнөн бир демени сууруп алып жатканы, ажатканага киргени, билетти, түшүү уруксатын алып, Жэк Карделл аты менен текшерүүчү аркылуу өткөнү турат. — Чакага эмнени ыргытты? — деп сурады Годдар. — Ким билет? — деди Лемье. — Эмне гана болбошу мүмкүн. Годдар башкаруучуга бурулду. — Түнкү чогултулган бүт таштандыны бирөө текшерип чыгышы зарыл. — Бирок мырза, инспектордуку ырас, — деди тиги, — эмне гана болбошу мүмкүн. — Ошону табуу зарыл, — деп көшөрдү Годдар. Анан Лемье Марванды текшерип өткөргөн жандармды чакыртты. Ал аны өтө эле кастарын тигип, сурак алагандыктан, тигинин эс-учуна доо кетет деп ойлоду Годдар. Жандармды жумуштан четтетишти. Компьютер түнөктөрүн карап чыгуу Ливан интернет-провайдер аркылуу online тартибинде Марванга «Роял Эр Марок» рейсине билет сатылып алынганын көрсөттү. — Бул Марвандын иниси экени шексиз, — деди Лемье. — Муну так биле албайбыз, — көнө бербеди Годдар. — Андан башка ким болмок эле? — сурады Лемье. — Айтайын дегеним, — деди Годдар, — иштин божомолдорго эмес, сотто ачып бере ала турган далилдерге тургузулушун каалайм. Эгер Марван чындыгында айыпкер болсо, — а ушундай болушу мүмкүн, — бизге көбүрөөк далилдер керек. Азырынча болсо кыйыр далилдерге гана ээбиз. — Мындан да азга ээ болуу менен аз эмес иштерди жеңгем, — деп көөдөнүн какты Лемье. А мындан көпкө ээ боло, канчаны жарым жолдо калтырдың? — деп ойлой койду Годдар, бирок үн чыгарбады. — Сизге жаккандай, — деди Лемье — мен Касабланкага биздин канкорду табууга учам, а сиздин Бейрутка аттанып, билетти ким дайындаганын иликтешиңизди каалайм. Өзүңүзгө сак болуңуз, Годдар мырза. Марван, Рами Аккаддар — зөөкүр адамдар. Аларды кууп жакын жеткен сайын, ошончо зөөкүрлүгү күчөй берет. 19 — Марван! Марван, мени угуп жатасыңбы? Марван ойгонууга аракет кылып көрдү, бирок кирпигин да көтөрө албады. Бүт денеси зыркырайт, бетинен тер агып турса да, үшүгөндөн калтырап турду. Жуурканды өзүнө тартып, буттарын көкүрөгүнө кысты. — Марван, бул мен, Рания, мени угуп жатасыңбы? Ооба, ал аны угуп жатат. Ал бул үндү сүйөт, аны укканга көптөн бери куштар. Ал Рания менен бала чактан бери дос эле. Бирге ойношчу, бирге көңүл ачышчу, Ливандагы согушту да чогуу өткөрүшкөн. Туулган күндөрүндө бири-бирине барышчу, мектепте жанаша олтурушчу. Бир жолу өз тамынын башына сепил курушту, ал жакка маскарапоздордун жана анын жакшы көргөн апельсин, жүзүм суусундуктарын жыйнашты. Өмүрүндө биринчи өөп көргөн кызы Рания болчу. Америка тасмасына ээрчитип барган биринчиси да — ал эле. Тасманын атын унутуп калды, бирок алар залга кыстала киришип, артка олтурушканы эсинде: алардын кездешүүсүнө ата-энелери каршы болчу. Анын колун кандай кармаганын билет. Ага гана үйлөнөөрүнө бекем ишенчү. Бир жолу окуу жылы аяктап, жайкы эс алуу башталган, ал 14 жашка келген кез, Рания ага атасы Франциядан, эгер так айта турган болсо, анда Парижден жаңы жумуш алганын — ал эми кечинде бир жолу көчүп кетип жатышканын айтып келген. Аны беттен кандай сүйгөнү, анын жашка толгону көздөрү Марвандын эсинде. Аны менен коштошуп, бурулуп чуркап кетти. Ал дагы эле тамагында турган кокону, жүрөгүндөгү зардапты сезип турду. Ошол учурда: эмне үчүн Кудай аны мынча катуу жазалап жатат деп ойлогону да эсинде. — Марван, — дагы бир ирет шыбырады ал. Көзүңдү ача аласыңбы? Ойгончу. Ал дагы бетиндеги анын деминин табын, атырынын жытын искеди. Күчтөнүп көзүн ачты. Мына ал кайрадан аны көрүп турат, анын ээриндери жылмаюуну кура башташты. Анын үстүндө пушту түнкү көйнөгү эмес, а медсестра халаты эле. Өткөн бир убактагы узун кара чач азыр кесилип, желкеге араң жетип турат. Жүзү эч кандай жасалга-боексуз эле, бирок мындай татынакай көрүнөт — таза жана сүйкүмдүү. Анын көздөрү, сонун бото көздөрү бир кездегиден да ашыкча өзүнө тартуучу болуп турду. Бир гана ушул үчүн, кайрадан көз кандырууга бардыгын кечип өтүү арзымак. Арткы алты айдагы азап чегүүлөр, жан оорулар баары көздөн кайым болду. Зор дарылоо жана жашоонун эликсири — бул ошол, анын үйүндө, анын төшөгүндө, анын кароосунда болуу жана анын жүрөгү жанында согуп жатат. — Марван, сен мени угуп жатасыбы? — назик шыбырады ал. — Саат канча болду? — деп сурады Марван алсыз кырылдаган үн менен. Төбө каккан баш оорусу басаңдай баштады. Ал бейпилдикти, коопсуздукту сезип турду. Көп айлардан бери ал мындай магдыраган эмес эле. Рания саатка карады. — Сегиз болуп калыптыр. — Таңкыбы? — сурады ал, терезе тарапты карай. — Эмнеге көчөдө караңгы? — Кеч кирди, Марван — жооп берди ал. — Азыр кечки сегиз. Кечээ ирегеде кандай кулаган боюнча күн бою уктадың. — Кечирип кой, — шыбырады ал. Ал башын чайкап, чекесин кармап көрдү. — Эч нерсе эмес. — деди кыз. — Бардыгы үчүн мени кечир, — шыбырады ал. — Мен билем… — Унчукпа, — деди ал, илбериңки сөөмөйүн анын эриндерине басып. — Мен сага бир нерсе айтышым керек. Эмне кааласаң да деп ойлонду Марван. Гезит бетиндеги некрологияны, талкан салынган кутунун курамын окусаң да болот. Ал кайрадан аны менен болгонуна кубанып жатат. Бир мүнөт унчукпай туруп, Рания анын көздөрүнө карады, ал өзүн эми дурус сезип калды. Абаны терең жутуп, ал айтты: — Сага мында калганга болбойт. Марвандын жүрөгү токтоп калды. Эмне? — өзүнөн сурады. — Азыр эле ал эмне деди? Колдору муздап кирди. Ал бир нерсе айтууга аракеттенди, бирок тамагы кургап, сөздөрү чыкпай жатты. Эч нерсе деп айтпа, — шыбырады ал. — Угуп эле тур. Уга албады. Эмнени гана айтууга чыгынбасын, анын уккусу келген жок. — Марван, мен сени сүйөм, — сүйлөп кирди Рания. — Ар убак сени сүйгөм, ошондон бери, сен мени биринчи өпкөн күндөн тартып, ал тургай, балким андан мурун деп да ойлойм. Мен ата-энемдер менен Парижге жөнөп кеткендегидей, өмүрүмдө эч качан мындай көп ыйлаган эмесмин, анткени сени эми эч качан көрбөй калам деп ойлогом. Көз жашым тыйылбады. Мен ата-энеме алар мени алып кетишкени үчүн жек көрө турганымды, качып кетип сени таап алаарымды айттым. Бирок анда мен бала элем. Мен жетилдим, сен да эр жеттиң. Биз өзгөрдүк, ар кимибиз өз тизгинибизди тартып алыстадык. Өткөн жылы сен мага гүлдөр, белектер менен, “мага турмушка чык” деген сунушуң менен келгениңде, мен коркуп кеттим. Анткени менин мага жаккан, жаңы, башка жашоом бар эле. Мага жакшы карашкан досторум, мага көңүл кош карабаган адамым бар болчу. Бирок сен жагымдуу каттарды, саламдарды, чалууларды жибергенди, мага белектерди, гүлдөрдү бергениңди уланта бердиң, бул мени дүрбөлөңгө салды. Он жыл бардык күчүм менен сени унутууга аракеттендим — балким, унутууга эмес, а өткөндү ордуна коюп, өзүмө ылайык келген жаңы жашоо курууга умтулдум. Мен билем, сен мени кандай сүйөрүңдү айткын келген, бул мага абдан жагымдуу эле. Мен да түшүндүм: менин көңүлүмдү ээлеп алууну көздөп, сен өз өмүрүң жөнүндө, эмнең бар, кимдер менен тааныш экениңди айтып бердиң. Бул каттардан өзүмдүн эң жакын досумду араң тааный алдым. Мен үйдө эч качан боло албаган, ар качан кооптуу жайда, керт башын тобокелге сала акча тапкан адамга турмушка чыккым келбейт. Мен Кудайдын ордуна, акчага, бийликке, дөөлөткө табынган адамга турмушка чыккым келбейт. Мен күйөөмдүн мени сүйүшүн каалайм, Марван, мени менен чогуу убакыт өткөрүшүн, чогуу балдарды өстүрүшүн, жашоодогу эң маанилүү нерсеге олуттуу карашын каалайм. А сен андай адам эмессиң, Марван. Балким, сен качандыр бир ошондой адам элең, бирок, азыр сен андай эмессиң. — Мен өзгөрө алам, — Марван кыйнала айтты. Рания анын бетин муздак колу менен сылап күлүмсүрөдү. — Балким, боло аласың, — макул болду ал. — Бирок азырынча атылган октон алган жараатыңдын айынан босогомдо эстен тандың. Сага жардам бериш үчүн жумушумду тобокелге салдым. Мындай жашоо мени канааттандырбайт. — Мына ошондуктан Парижден качып кеттиңби? — Качкан жокмун,— жайма-жай жооп берди Рания. — Ушул жерде иштөөнү сунушташты, макул болдум. — Биз кечки тамакты чогуу ичмекпиз, — деди ал, чымыркагандык, бир калыпсыз үн менен. — Мен ал жерде сенин агаң пайда болуп, сенин жөнөп кеткениңди айткычакты, бир саат күтүп олтурдум. — Мүмкүн, агам муну жакшы маанайда кылган эместир. — Сен билдирүү калтырбадың, коштошподуң, — деди Марван, — жөн эле көздөн кайым болдуң. — Мен ушундай жакшы болот го деп ойлодум, — деди Рания. — Сен мени түшүнүүнү каалабаганыңды мына ушундай жол менен гана ынандыра алмакмын. — Мүмкүн, сен муну башкача да кыла алмаксың, — деди Марван. — Мүмкүн, — макул болду ал. — Мен сени капа кылгым келген жок. — Бирок сен мени таарынттың. — Мени кечир, Марван. Мага чын эле өкүнүчтүү. Бирок сенин бул жакка келгениң катачылык. — Мен башка кимге кайрыла турганымды биле албадым. — Иштер ушунчалык олуттуубу? — Сен жараатты көрбөдүңбү. — Ким муну кылды? — Мен билбейм. Мен бир жерде болуп турушум керек, өзүмө келе ала турган жерде, анан болгонду териштириш керек. — Бул жерде эмес. — Эмнеге? — Марван сурады. — Мен сага тоскоол болбойм. Бул убактылуу эле. — Жок, — деп баш чайкады Рания. — Бул коркунучтуу жана… — Жана эмне? — сурады ал, ал эмне айтаарын билип турса деле. — Марван, мени муну айтууга мажбур кылба. — Мен сенин айтышыңды каалайм. — Марван, суранам. Бирок ал көгөрүп туруп алды, анын көздөрү жашка толуп чыкты. — Мен сени сүйөм, Марван, — деди ал,— бирок сен каалагандай эмес. Мени кечир. Өтүнөм муну эстебейличи. Марван жай баш ийкеди, кокустан бурчта билинбей олтурган Лейланы байкай калды, анын да көздөрүндө жаш толгон. Болгон күчүн топтоп, ордунан турду, буюмдарын алып эшикке келип, кылчайып өзүнүн алгачкы махабатына карады. — Издеген адамыңды табаарыңа үмүттөнөм, Рания, — деп жумшак айтты ал. — Сен бактылуу болууга татыктуусуң. Мен сага сөз берем, башка тынчыңды албайм. Раниянын көздөрү жаштан кызарып чыкты, эриндери титирейт. Ал ага дагы мындан артык азап салгысы келген жок. — Ырахмат, мени таңып-байлаганыңа, — деп айта алды ал. Ыңгайсыз тыныгуудан кийин ал эшик ачты. — Кайда барасың, Марван? — капилеттен сурай калды Рания. — А мааниси барбы? — Мен үчүн — ооба, — деп жооп берди ал. — Билбейм, — ачык жооп берди ал. — Балким, Жакынкы Чыгышка, Египетке — бул жактан алыс бир жерге. Эшикти артынан акырын жаап, чыгып кетти. 20 Батир жайгашкан имараттан Марван кечки тогуз чамасында чыгып, түнгө чумкуду. Кайда барат? Бул өлкөдө эч кимди билбейт. Мейманканага баруудан коркот. Божомолунда аңчылар изине чыгып калышкан, Мароккодо издеп жатышы мүмкүн. Ысытмасы 39га түшүп калса да, сай-сөөгү сыздатып турду. Муундары зыркырайт, азыр жүрөгү ооругандан кошумча азап тартып турду. Ранияга келип, болбогон катачылык кетирди. Ушундай акыл-эссиздик кылууга кантип барды? Акыркы жарым жылда так мына ушуну: өзүнө тандап алган жашоо жолу сүйгөн аялына тура турганын мойнуна алууну каалабай келген. Калган бардык нерсе эмнеге арзыйт? Үмүтү өчүп турду, аны менен бирге кошо куугунтуктагандардан кутулуу каалоосу да жок болуп кетти. Арам ойлор аны каптады: ал өз өмүрүнө кол сала тирүүлүктөн кетип, азап чегүүдөн кутула тургандыгы жөнүндө ойлоду. Бирок ал аны тартып алганга жан талаша колун сунуп жаткан, ушул күндө анын бул дүйнөдөгү жападан жалгыз калган досу болгон инисин эстей калды. Ал эч качан Рамини калтырып кете албайт. Ата-энеси мунусун эч качан кечире алышмак эмес, кандай каран күн түшпөсүн, алардын элесине чыккынчылык кылбайт. Эмне кыла алат? Бара турган жери да, кайрыла турган адамы да жок. Убакыт болсо куштай учууда, аны издеп жаткандары шексиз, бир эле жаңылыш кадам түпсүз жазмышка такайт. Марван ижарага алган унаасын эстей койду. Аны издеп тапты, Ранинин үйүнөн бир нече чакырым айдап өтүп, ачкычтарын жүк салгычка ыргытып, аны тынч көчөгө таштады. Анан, такси токтотуп, аэропортко кайтты. Ал жерден бөтөн бирөөнүн атындагы кредит картасынын бирин колдоно, автоматтан инисине чалды. — Рами, бул мен, Марван. Үйүңө чалып жатканым үчүн кечирип кой. — Сен эмне кылып жатасың?! — будалаң боло ал. — Мен айтпадым беле, спутник телефондон гана чалышыңды! — Мен билем, бирок убактым болбоду. — Сен үч күн күтүп туруш керек эле. Азырынча бир күн да өтө элек. — Үйгө кайтышым керек. — Эмнеге? Эмне болду? — Бул узун жомок, — деди Марван. — Ал кантип узун болушу мүмкүн? — түшүнө албады Рами. — Сен ал жакта жарым күн да болгон жоксуң. — Мен азыр бул жөнүндө айта албайм, — деди Марван. — Мага билет даярда. — Жок, — деди Рами. — Азыр Бейрутка кайтуу — анча жакшы эмес ой. — Эмнеге? — Анткени азыр опурталдуу. — Мен бул жерде кала албайм. Мен Европага кайта албайм. Сан-Паулого барсамбы? — Абдан күлкүлүү, — деди Рами чаалыккан ыргакта. — А эмнеге болбойт? — сурады Марван. — Мен Клодетти табууда көмөктөшөм. — Муну менен башкалар алек. — Балким, Штатка? — Сага виза беришпейт. — Каирчи? — Эмнеге Каир? — Эмне үчүн Каир эмес? — чыга бериштердин биринде Марокколук полициялардын үймөгүн Марван көрө калды. — Тиякта он төрт миллион адамдын ичине сүңгүп кете алам. — Баары бир түшүнбөй турам, — деди Рами. — Эмне үчүн Касабланкада эле кала албайсың? — Жөн эле, — жооп берди Марван. — Кийин айтып берем. — Болуптур, Каирге сага билет дайындайм. Качан учкуң келет? — Азыр. — Азыры эмне? Сен кайдасың? — Аэропортто. — Ие? Бир мүнөт күтө тур. — Эмне болду? — Француз телеберүүсү жаңылыктарды кабарлап жатат. — Эмне дейт? — Марселде унааны, таксисттин өлүгүн табышыптыр, — деди Рами. — Дагы эмне? — сурады Марван. — Мен жөнүндө же Марокко тууралуу бир деме айтып жатышабы? — Жок, — деди Рами. — Полиция маалымат жыйнап жатат, азырынча изин таба элек деп жатат. — Калп айтып жатышат, — деди Марван. — Алардын артымдан изиме чыкканы турган кеп. Мен мындан тез жоголушум керек. — Сеники туура. Кайсы ысымга билетти дайындайын? — Жамилдин атына. — Орундалды, — деди Рами. — Дагы эмне? — Мага ал жерде токтой ала турган орун керек. — Мейманканадан? — Жок, бул өтө опурталдуу, табууга оңой болуп калат. — Анда эмне? — Мага батир тап. — Батир? Канча күнгө чамалап жатасың? — Эч нерсе айта албайм, бирок, балким, ал жакта бир канча убакыт болоормун. — Кантип эле? — А эмне? — деди Марван. — Сен өзүң айтып жатпайсыңбы, үйгө кайта албайм, Клодетти издей албайм. Кайда кетишим керек? Рами унчукпай калды. — Мага тамды тап, бачымыраак, эч нерсе эмес, ал канча турса да, — деп улантты Марван. — Кийин мага «Federal Express» аркылуу спутник телефон, бир аз акча, кандайдыр бир визит-барактарын салып жибер. — Визит-баракчаларын? — Ии, көрк үчүн. — Кандайларын? — Билбейм, — деди Марван. — Мейли мен компьютер сатуучусу же жок, консультант болоюн. Мекеменин атын, логотипти ойлоп таба кой. Сайт ач. — Тамашаңбы? — Эй, — деди Марван, — же иним эмессиңби? * * * 11.30 да Марван 00.05 те уча турган «Иджипт Эрдин» 848 рейсиндеги учактан орун алды. 7.05 те ал Каирге келип калды, жолу болгонуна ишене албай турду. Эч ким аны токтотподу. Эч ким суроолорду бербеди. Ал көргөндөй, эч ким аны аңдыган жок. Эмне үчүн? Бул тузакпы же асмандын белегиби? Тузакка окшобойт. Бирок эмнеге Кудай андан көп нерсени — гүлдөгөн жумушун, сүйгөн ашыгын тартып алгандан кийин, акыркы күндөрү бир канча жолу өмүрүн да тартып ала жаздай, азыр ырайым көрсөтүп жатат? Бул баш катырма, бирок ал бир да олжону кыя өткөрбөйт. Эми мындан ары эмне кылыш керектиги маанилүү. Баарынан мурун ал эми — Жамил экендигин унутпашы керек. Паспортунда, билетинде ушунтип жазылып турат. Бул ысымдын атына ижарага там алат. Бул атка көнүшү керек. Өзү жөнүндө Жамилдей ойлонушу керек. Ылайыктуу уламыштын кереги тиет. Аэропорттун залындагы калың элден кысыла өтүп, виза акысын төлөдү, аэропорттон бир нече километр турган Гелиополестеги Уруба-Роудка «Шератонго» такси менен жол тартты. Ал ошол жактан бөлмө алганы жаткан жок — ага болгону бир канча саатка гана иниси менен байланыша ала турган, шам-шум этип, келээрки кадамын караштыргыдай, оодарылар жер керек. Бизнес-борборунда ал кызматкерди тапты. — Кайырлуу кеч, — деди тиги. — Кандай жардам керек? — Ижарага компьютер алайын дегем. — Сиз биздин мейманканада токтодуңузбу? — Жок, бирок биздин жолугушуу бул жерге белгиленген, а мен лэптобумду албай калыптырмын, мага болсо почтамды текшеришим керек. — Жакшы болот, — деди клерк. — Компьютерди канчага алгыңыз келет? — Бир сааттай. — Куп болот, сэр. Муна бул баракчаны толтуруңуз. Сиздин атыңыз? — Жамил. — Жамил мырза, сиз кирүү барагын сатып алышыңызга туура келет. — Ал канча турат? — Саатына — 45 фунт. — «Visa» картасын кабылдайсыңарбы? Бир нече мүнөттөн кийин апельсин ширесин иче, залдын бир бурчунда олтурду. Интернетке кирип, кабар-алмашуу тармагын ачты. — Рами, сен барсыңбы?.. Бул мен… Мен жеттим. Бир нече убакыттан кийин экранда жооп чыкты: — Кудайга шүгүр… Иштериң жайындабы? — Ооба, бакубат келдим… Ижара болгудайбы? — Болгудай. — Тагыраак айтканда…? — Мен бирди таптым, бирок ал жерде бир канча убактан бери эч ким жашабаптыр… Кожоюну айтат, аны иретке келтириш керек, эгер боло берет десең, бүгүн эле ээлей аласың. — Эмне кылыш керек экен? — Жыйнап, сырдап, бирдемени оңдош керекпи, билбейм, мен аны көргөн жокмун. — Кайсы жерде? — Гелиополисте, аэропорттун жанында. — Эң сонун… Мен азыр «Шератондомун». — Сага ыңгайлуу убакта кожоюн сени ижарадан тосуп алат. Кимге болбосун, аны тапшырганына ал кубанат деп ойлойм. — Төлөм — ай сайыныбы? — Жок, — Рами жазды. — Ал болбоду дегенде эле жарым жылга ижарага бергиси келет. — Ага айт, ал оңдоп түзөмөйүнчө айына акчалай төлөп турабыз, бирок эч нерсеге бармак баспайбыз, ошондон кийин алты айлыкты ойлонуштурабыз. — Жарайт. — Жакшы. Эмне дагы? — Мен Мароккодо ким сенин ишиңди карап жатканын таптым. — Ким? — Алар экөө… бири — Жан-Клод Годдар…. Ниццеде туулган… Мароккодо өскөн…36 жашта… улуу детектив… билгир… жакшы атка ээ… кадырлуу… аялы, бир кызы бар. Кийинкиси — Марсель Лемье… 62 жашта… Греноболдо туулган, Нормандияда чоңойгон. Азыр Париждеги киши өлтүрүүлөр бөлүмүнүн башкы детективи… өлкөдөгү мыкты тыңчы болуп саналат… кээ бирлердин ою боюнча — Европанын мыктыларынын бири. Бир канча зор иштердин бетин ачкан… эки жолу ажырашкан… балдары жок. — Алардын кимиси Мароккого аттанган? — Сен кайдан билесиң? — Инстинкт. — Лемье — ал мына-мына конушу керек. — Годдарчы? — Ал мында келе жатат, Марван, мени сурака алыш үчүн. — Тамашаңбы? — Кана, ошондой болсо. — Кетип кал, сени таап алгандары болбойт, жок дегенде азырынча. — Кете албайм, Марван. Мен азыр бардык иштерди жетектейм. — Жол жүргөнчө жетектей бер, мурда деле ушундай кылгансың го. — Кайда барышым керек? — Биздин кишилер Ирактагы «Эксон-Мобил» кызматчыларынын сактыгын коргойт… — Сен эмне таптакыр көк мээ болуп калдыңбы? — деп жазды Рами. — Кайсы бир Монте-Карлонун полициясы менен жолугушпоо үчүн Иракка кетишим керекпи? — Ошондой, — деп жооп берди Марван. — Эгер Годдар сени таап, максатына жетпесе, ал сени мында адилет-сот буйругуна бут тосуп, изилдөөнү татаалдаштырып жатат деп жалаа жабат. Ал сени камайт жана өлкөдөн кууп чыгат. Сени менен эмне болоорун бир гана Кудай билет… Буга жол бербеш керек. — А эгер Годдар Багдадка артымдан барсачы? — Барбайт, — деп жазды Марван. — Ал керт башын тобокелге салууну каалабайт. 21 Эки күн бою Жамил батирден сыртка чыкпады. Ысытмасы дагы эле жогору, бирок ысытманы өлчөгүчсүз канча экенин так аныктай албады. Доктур издегенге да алы жок эле, дүкөндү айтпай эле коелу. Эч нерсе жегиси келген жок, «Шерлатондон» алып келген сууну гана жутуп турду. Денесиндеги суунун тең салмактуулугун кармап турганга аракет кылды, Рания ооруканадан алып баштыгына салып берген антибиотиктерди, толгон башка дары-дармектерди ичип жатты. Раминин батир тууралуу айтканы туура чыкты. Ал чоң — ага керек болгондон да бир кыйла чоң: үч уктоочу бөлмөсү, үч жуунчу бөлмөсү жана зор конок бөлмөсү бар эле. Бирок аны «иретке келтириш» керек деген сөз жылмалап гана айтылган. 50–60 — жылдары бул батирдин заңгырап турганы күмөнсүз, бирок ошондон бери аны бирөө жыйнаганына шектенип турат. Чаң жерден шыпка чейин бүтүндөй басып турат, а ашкана үстөлү, буюм салгычтар май катмарына капталган. Үч жуунуучу бөлмөнүн экөөсү иштен чыккан. Үч ажаткананын экөөсүнөн суу агат. Ашканада раковина бүтөлүп калган. Нан бышыргыч меш иштебейт. Газ тилкенин төрт көзүнүн бири гана күйөт экен. Түнкүсүн бир далай суук болуп турду, мына бирок жылуулукту жөнгө сала албай койду. Эмеректер да жакшы колдон өткөрүүнү күтөт. Дубалда көптөгөн сүрөттөр илинген, ичинде «Джоконданын» миниатюрасы жана «Айбаттанган испан кызы» деп Тарик атаган калдайган сүрөтү да турду. Ашканада эки куюп койгондой окшош чылым тартып турган баланын сүрөтү, узун залда — төрт кичинекей мышык балдары тартылган заңкайган сүрөт илинип турат. Алардын биринин тумшугун бирөө тешип коюптур. Конок бөлмөдө үч зор адам-ажыдаардын колодон жасалган келбети, ал эми барда болсо — жаныбарлар тартылган чоң сүрөт турат. Баарын чаң баскан. Бирок мунун баары өзгөчө деле мааниге ээ эмес — баары бир чырактардын көбү күйбөйт, күндүзү деле эч нерсе көрүнө бербейт. Үйдүн кожоюну токтоосуз баарын жыйнап оңдоого убада кылды, бирок Тарикке эч ким эч нерсени тазалабай, калдыратпай турган, бир канча күн эс алышы керек болду. Ал дүйшөмбүгө чейин жумушчуларды жөнөтпөй эле коюуну суранды. Азырынча ага жата тургудай калың жууркан, таза жаздык менен диван гана керек болчу. Алгачкы экөөнү таба албагандыктан, конок бөлмөдөгү диванга канааттанууга аргасыз болду, ага сулап түшүп, күнү-түнү ойгонбой уктады. Бирок үчүнчү күнү аны кимдир-бирөөнүн эшик кагышы ойготту. Тубаса туюм менен Тарик тапанчага умтулду, бирок, анысы эми жок экенин эстей калды. Ал саатка карады. Түш болуп калыптыр, бирок терезе парда менен жабылган, а чырактар күйбөйт, үйдүн ичи бир далай күңүрт. Кагыш кайталанды, бул ирет катуурак. Тариктин тамырынын согушу тездеди. Анын Каирде экенин эч ким билбейт, а Гелиополести андан бетер, бүгүн күнгө бейшемби эле, жумушчулардын келишине эрте. Каккылоо токтогон жок. Тарик туруп, үстөл чырагын колго алып, дабышсыз эшик алдына келди. Изине чыгыштыбы? Андай болсо эмнеге тыкылдатышат? Колундагы чыракты кыса кармады. Ал качырып киргендерге кооптуу коркунуч алып келе албайт, бирок күрөшсүз колго түшүп бергиси келбей турат. Эшиктин көзөнөгүн карап алды да, өзүнүн дем алып, дем чыгаруусуна жол берди. Бул кабатталган кагаз таңгактар менен келген «Federal Express»тин чабарманы эле. Ал эшикти ачып, ташуучунун жүзүндөгү таң калган түрүн көрдү. — Сиз — Тарик Жамилсизби? — сурады тиги. — Ооба, — деп жооп берди, анан адам корко турган түрүн эстей калды, — ал сакал-мурутун алган эмес, жуунбаган жана атышуулар убагынан бери кийимин да которгон эмес эле. — Бул жерге кол коюп коюңуз. Тарик кол койду, ташуучуга кол акысын берип, кагаз таңгактарды алды. Ырас, алардын баары Бейруттан жөнөтүлгөн. Ал туулган күндө белегин ачкан баладай, биринчинин сыртын айрып тытты. Ичинде жапжаңы спутник телефону аккумулятору менен, кубаты, жол жобосу, анан да баштапкыга толук жетишээрлик болгон 10 миң египет фунту бар конверт, тизилген визит мукабача жазуусу менен: «Тарик Жамил, Башкаруучу, Ай-Си-Ти Консалтинг, Брюссель, Бельгия» веб-сайты менен, электрондук почта дареги жана брюсселдик почта дареги, телефон номери менен экен. Тарик спутник телефонунан номер терди. — Биз сиздин «Ай-Си-Ти Консалтинг» чалууңузга ыраазычылык билдиребиз, — французча жооп берди, автожоопко жазылган аял үнү. — Азырынча биз сизге жооп бере албайбыз. Атыңызды, телефон номериңизди, кабарыңызды калтырышыңызды өтүнөбүз, мүмкүн болор замат сизге байланышабыз. Андан кийин ушунун эле өзү англис, немец тилдеринде кайталанды. Рами бардыгы үчүн кам көргөн. Тарик кийинки таңгылчакты ачып, чоң булгаары иш баштыкты алды. Сыдырмасын сыдыра, ал программалык камсыздоосу орноштурулган жаңы «Dell Latitude D800» ноутбукту аксессуарлары менен тапты. Анын астында бир нече түгөй жынсылар, хаки түстөгү шым, эркин футболкалар, байпактар, ич кийимдер, свитер, мурут кыргыч жана жууп-тарангыч шаймандары — тиш жуугуч, паста, оозду чайкоо суюктугу, самын, тырмак алгыч жана башкалар. Үчүнчү кутунун ичиндегиси аны таң калтырды. Эң үстүндө жапжаңы тыпыйган сандуу телерадиоприемник. Рами анын жаңылыктарга — баарынан мурун аны изилдөө кандай жүрүп жатканына көз салышын каалаган чыгар. Астында Каирдин картасы салынган, шаардагы компьютердик кеңеш берүүчү компаниялардын тизмеги, ошондой эле Египеттеги компьютер тармактарынын иш абалы тууралуу Интернеттен басылып алынган макаласы, жаңы уламышын колдоого жардам боло ала турган нерселер. Акыр аягында, жабышкак лента менен ачкыч жабыштырылган эң алдындагы кулпуланган анча чоң эмес коргошун түстөгү куту. Ачкычты салып, кутуну ачты. Ичинде 45 калибрдеги тапанча жана октор бар эле. 22 Тарик Жамил инисин Багдадка жөнөтүп жатканына кокусунан өзүн күнөөлүү сезе түштү. Рами өзүн кантип алып жүргөндү билет эмеспи, анан да эч качан өз агасын Годдарга да, башка бирөөгө да сатмак эмес. Ал денеси ооруп тургандай эле сезди. Бул каран түндөн чыгуу жолун кечиктирбестен табуу зарыл. Ал компьютерди жандырып, интернетке кошулду. Рэмзинин үй-бүлөсү жөнүндө жаңы маалыматты издеп кирди. Ушундайды күтүүгө болмок, Европа жана Египет масалык маалымат каражаттары Рафик менен Бригиттенин өлүмү жана Клодеттин уурдалышы тууралуу майда-чүйдөсүнө чейин айтышат. Өлтүргөн кылмышкер катары изилденеген Марван Аккаддын сүрөттөрү бардык жерде жайнайт. Мүмкүн Каирге келип ката кылгандыр, бирок башка чарам болгон жок деп эле эсептей берди. Эң акыркы кабар «Le Mondeдеги» болду. Ал Монте-Карлодогу өлүмгө алып келген окуялардын «эксклюзивдүү» майда-чүйдөсүн, ошого катар Клодетт жоголгондон кийинки күнү Берлинден «Ди Эйч Эл» аркылуу Рэмзинин Париж ээлигинде алынган, кун талап кагазы тууралуу да билдирди. «Эгер Рэмзи мырза өз аялын тирүүлөй көргүсү келсе» — 24 саатка чейин 1 млн евро которушу зарыл болгон жана Рэмзи мырза орундаган, Швецариядагы банктык эсеп номери келтирилген. «Бир нече күндөн кийин, — андан ары «Le Monde» баяндайт,— Брюсселден «Ди Эйч Эл» аркылуу баштык алган. Анда Рэмзи мырзайым тартылган видиокассета, оозуна бирдеме тыгылган, байланган, бирок тирүү, Рэмзиден 10 млн евро талап кылган кагаз жана мырзайымдын башын кесип, интернет аркылуу көрсөтүү опузасы бар. Рэмзи мырза 72 саат ичинде акчаны которушу керек, Брюсселге келип, алдыда боло турган жол жобону күтүшү керек”. Андан ары айтылды, Рэмзи мырзанын мейманканасында аялынын сүрөтү салынган «кол коюлбаган конверт», акча толугу менен төлөнгөн шартта гана мырзайымды бир жумадан кийин Мадриддин кайсы жеринен тапса болоорун ийне-жибине чейин камтыган көрсөтмө, 25 млн евро талап кылган кат калтырылган. Мунун баары чындыкка шайкеш келет. Мына ошол үчүн Рафик аны жалдаган. Дүрбөлөңдү келерки сөз түрмөк чакырды: «Полиция божомолунда бул каргашалуу кылмыштын артында Марван Аккад турат, ал Ливанда жайгашкан коргоо ишканасынын башкы уюштуруучусу. Иликтөөгө жакын булактар кабарлайт, кылмыш ордунан качып кеткен, азырынча кармала элек Аккад мырзанын түз катышын көрсөткөн аныктоолор бар. Бейруттагы «Аккад жана кызматташтар» агентствосуна кылынган чалууларга эч ким жооп кылбай турат, бирок Аккад мырзаны күчөтүлгөн изилдөөлөр улантылууда». Күтүлбөгөн жерден кайра эшик кагылды — башында акырын, анан катуурак. Тарик ордунда селейип калды. Бул эми Fedеx чабарманы эмес. Анда ким? Тапанчасын шап дүрмөктөп эшикке келди. Көзөнөктөн көргөнү аны айран-таң калтырды. Эшик алдында жыйырмадан бир аз ашкан, чырайлуу үч аял заты турат. Тиги, ортосунда турганы, жемиштер жана таттуу татымдар салынган туткалуу себетчени кучактап алган. Кеңгиреген бойдон тапанчаны шымынын арткы чөнтөгүнө катып, футболкасы менен жаап койду. Анан эшикти кылгыйта ачып айтты: — Кутмандуу таң. Оң жактагы кыз күлүмсүрөдү, сол жактагы кыз тартына кыткылыктады. Тиги, ортоңкусу шакылыктап кирди. — Кутмандуу таң, менин атым Далия, Далия Нур. Булар менин курдаштарым, Дина жана Мерват. Биз сиздин үстүңүздө жашайбыз, сиздин кандай келгениңизди уктук. Тарик кандай кабыл алууну биле албай турду. — Далия, селкилер, силер менен таанышканыма кубанычтуумун. Мен силерге кандай көмөк көрсөтө ала алам? — Биз болгону сиз менен таанышалы дегенбиз, — деди Далия, — бул кичинекей белекти коомдук уюмдун атынан ыйгаралы. Ал сунган себетти Тарик ыраазычылык билдирүү менен алды. Тарик Далия аны бүтүндөй элжиретип турганын баамдады, ал — өтө эле назик жамал, күлмүңдөгөндө жалын чачыраган, жадыраган бото көз эле. Европа саркеч кийинген, каражатка кастар эместиги ачык көрүнүп турат. Үстүндө жумшак пушту кашемир свитер. Кара жынсы жана Каир же Александриядан көрө, Лондон же Парижден экенине жакын моделдеги туфли. Башка кыздарда толтура шакек, билерик жана мончоктор, а Далияда — кичинекей бриллианттуу сөйкө жана Картьеникине окшошкон алтын кол саат. — Өтө кичи пейилдик көрсөттүңөр, — деди Тарик, Далиядан көзүн ала албай. — Ырахмат. — Эч нерсе эмес, — деп жооп берди Далия, анын көздөрүндө капар алдырбаган бирдеме өзгөрүп кетти. Балким, кыз аны өзүнө тарткандай, ал да кызды тартып тураттыр? Же бул бийик ысытма аны менен тамашалашып жатабы? Кыздар кетүүгө камынышканын сезе калып, өзүнүн келбети кандай гана жаман экенин эстеп кетти. — Мына бул сый-тамакты силер менен бөлүшүү үчүн бир чыны чайга чакырсам деле болмок, — деди ал, сүйлөшүүнү дагы бир канча узартууну көздөй, — бирок, үйүм, өзүмдөн да начар кебетеде деп корком. Бул Далия менен Динанын күлкүсүн келтирди, а Мерват кайра кыткылыктады. — Эч нерсе эмес, — деди Далия, — баары бир кала алмак эмеспиз, бирок сизди там башында бүгүн кечинде боло турган кечеге чакыралыбы дегенбиз. Башталышы — тогузда, сиздин катышууңуз гана талап кылынат — таза көйнөк табылаттыр деп ойлойм. Тарик сунушту кабыл алгысы келди. Бул аялзаттагы бир нерсе аны тамшандырып турду. Бирок ага жалпалактанганга болбойт, басыгын байкатпай, үн катпай жүрүш керек, кыздар менен шапар тепкенди ким коюуптур ага. Бирок кантип баш тарта алат? Эгер келбей койсо, бүт кошуналар таалими жок жаңы тургун тууралуу кеп кылышат, а ашыкча кеп-сөз ага эч жакшылык алып келбейт. — Жан-дилим менен, — акыры унчукту ал. — Силердин урматыңарга таза көйнөк табам. 23 Инспектор Годдар эч нерсе каза албады. Бейрутка келип, «Аккад жана кызматташтар» фирма мекемесинен эч кимди таба албады. Кабылдамадагы жалгыз кызматчы аял Марвандын жоктугун, анын келбегенин, кайда жүргөнүн ал билбей турганын, анан, кейиштүүсү Рами Багдадка жөнөп кеткендигин, качан келээри белгисиз экендигин ага билдирди. Калган кызматкерлер иштер боюнча Жакынкы Чыгыштын аймактарына тарап кетишкен. Годдар өзүн табууга мүмкүн боло алган номерди калтырып, Арбакка байланышуу үчүн мейманканага кайтты. Лемьеге Марокконун Рабатындагы «Хильтонго» чалды, тигинин зор натыйжаларга жетишкенин угуп, ыраазы болду. Аэропорттогу байкоо камералары Жек Карделлдин кантип «Роял Эр Марок» рейсинде келип, ижарага унаа алганын көрсөткөн. Касабланканын полициясы унааны издөө алегинде, бирок азырынча тыянаксыз. Бирок Марокко чалгындап билүү кызматы билдирет, Марван Аккад өлкөдө эки гана жолу болгон, эки жолу тең Ливан премьер-министрин коштоп келген, Мароккодогу анын байланыштары тууралуу эч нерсе аларга белгисиз. Алар Жек Карделл аттуу бирөөнүн өздөрүндө болгону тууралуу эч кандай маалыматка ээ эмес. Азырынча Лемье туңгуюкка такалды. — Марвандын Мароккого аттанган себеби бар, — деди Лемье, угуза ой чалгындап. — Ал биз анын изине чыгарыбызды, Карделл болуп көпкө кала албастыгын билген. Биз анын жанында көп акчасы жок экенин билебиз. Ал кимдир бирөөгө жолугуш керек болгон. — Марселдеги жандармга селкисиникинде токтой турганын айткан, — деп ойлоно айтты Годдар. — Бул жөн эле уламыштын бир үзүндүсү, — жооп берди Лемье. — Балким, — деди Годдар, — а эгер чын болсочу? — Мен айтпадымбы, — көшөрдү Лемье, — маалыматтар жок, акыркы жылдары Марван такыр мында болгон эмес, а кайдагы кыз менен кездешүү. — А эгер аны мурдатан тааныган болсочу? — өзүнүкүн бербеди Годдар, — кыз Мароккого жакында эле келгендир? — Улантыңыз, — тыныгуудан кийин айтты Лемье, кулак төшөй. — Жанында анын нике шакеги болгон, туурабы? — сурады Годдар. — Ии, болгон. — Эгер уламыш эле болгон болсо, майда-бараттар өтө эле көп эмеспи? Лемье жол бергиси келбеди. — Каерде алар тааныша алмак? — сурады француз. — Бейруттабы? — Балким, — деди Годдар. — Бирок мага маалым болгондой, акыркы жарым жылда фирманын Париждеги кичинекей мекемесинен бүтүндөй Европа Союзу боюнча иштерди жолдомолоп турган. — Ал менен тиякта таанышкан деп ойлойсузбу? — Мүмкүн. — Инисинен сураңыз, — буйрук берди Лемье. Годдар муну кылууга болбой турганын түшүндүрдү. — Рами Аккад ошол сиз келген күнү Багдадка кеткен дегиңиз келип турабы? — сурады Лемье. — Бул чын эле кызыктай көрүнөт, — деди Годдар, — бирок кызматкери демейде төрт жуманын үчөөнү ал сапарларда өткөрөөрүн айтты. — Сапар качан караштырылган? — сурады Лемье. — Ал анын зарылдыгы кокустан келип чыкканын айтты. — Анан эмне, — деди Лемье. — Ал аялга кайра жөнөңүз. Билиңиз, Марвандын жеке турмушу жөнүндө ага эмне маалым экен. Анан дароо мени менен байланышыңыз. 24 Тарик акыркы ирет качан кечеде болгонун эстей албай турду. Өмүрү жумушуна, аз келгенсип көп учурда кооптуу жумушка баш оту менен арналгандыктан, — бейтааныштыр менен баарлашмак түгүл, анда эс алууга чыгуулары да жок эле. Бирок ал кечени чыдамсыздык менен күтүп турганын өз мойнуна алды. Жараат дагы эле өзү жөнүндө кабар берип жаткандыктан, жуунуу оңойго турган оодарыш болбоду. Бирок антибиотиктер өз иштерин аткарып турду. Түзүк болуп калды. Ал арааны ачылып баратканын сезди. Далия алып келген, чоң ширелүү апельсиндердин калганын түгөтө жеди. Далия Нур. Күзгү алдында кырына, кыз жамалын элестетти. Ким ал? Анын жашоосу эмнеден турат? Колунда анын нике шакеги жок эле. Ушундай сүйкүмдүү кыздын жалгыз болушу ыктымалбы? Тарик ой үстүндө жибергендери үчүн Рамиге ыраазы боло, кийинип, лифт менен там башына көтөрүлдү, ал жактан 30 жашка чейинки жыйырмадай болгон адамдарды көрдү. Алар сүйлөшүп, күлүп жана бийлеп жатышкан. Чоң динамикалардан Амро Дийабанын акыркы альбомдорунун бири жаңырып турду. Бир нече үстөлдө жеңил тамактар, пахлавалар, таттуу кесимдер, а бурчта суусундук сатып алгыдай бар турат. Ичимдиктердин болгону жана алардын жыты аны сооротуп турду. Булар динчил адамдар эмес, бул жакшы деп ойлоп койду Тарик. Рания менен ушунча нерсени башынан өткөргөндөн соң, өзү менен мурдагы жумадагы болгон окуялардан кийин, Кудай тууралуу ойлогусу да, окугусу да, муну каалагандардын коомунда болгусу да келбей турат. Өзүнө пиво сатып алды. Уйкунун жардамы менен баштан өткөндү унутууга аракет кылып көрдү. Эми башка каражаттарды караштырып көрсө болот. Кимдир-бирөө аны ийнинен түрткүлөдү. — Жарашыктуу көйнөк, — деди назик үн. Ал кайрылып карап, ага күлүп турган Далиянын көрдү. — Сиз кийимиңизди алмаштырдыңыз, — ал ачык эле аны менен ойсоктоп турду, бирок, анын марихуандын таасири алдында турганы дагы ачык. Ал дагы бир соруп, чылымды ага сунуштады. Энем эмне дейт эле деп ойлоп кетти, бирок бул ойлорду ошол замат кубалап салды. Бүгүн бардык оор сезимдерден эркин болушу керек. Өткөндү унутуп, жаңы жашоо барагын ачуу керек. — Ырахмат, — деди ал анын кичинекей көрктүү колдорунан марихуандын чылымын ала, анан тарта баштады. — Бүгүн бейшемби. — Анан? — Эс ала дем алыш күндөрдөн ырахаттануу учуру. — Силер муну ар бейшембиде кыласыңар. — Кээ бирөөлөр. — А силерчи? — Мен кээде бийге же тасмага барууну баалайм. — А бүгүн? — Сиздин келээр келбесиңиз мага кызык болду. — Мени келбейт деп ойлодуңузбу? — Эгер чынын айтсам, ооба. — Эмне үчүн? — Билбейм, — деди Далия. — Сиз мага коомчулукту жактырган адамдай таасир калтырбадыңыз. Тарик жеңилгендей колун көтөрдү. — Айыпкермин. — Ыраспы? — каткырып жиберди да, эс теңселе анын көкүрөгүнө колун коюп, ага корголой сурады: — Дагы эмнеде айыптуусуз? Суроо кыз ойлогондон да катуурак аны талуу жерине тийди. — Баардыгында десем болот, — акырын жооп берди Тарик. — Жүрүңүз, — деди ал, — мен сизге бир нерсе көрсөткүм келет. Кыз аны колдон кармай эл аралап өтүп, жайлуу бакчага алып келди, ал жактан учуп-конуп жаткан учактардын жана Гелиополистин бүлбүлдөгөн оттору көрүнүп турат. — Кооз экен, — деди ал. — Ооба, — деди кыз, алар башка эч кимсиз, көрккө суктана жыргап, үнсүз турушту. — Атыңыз ким, тентек бала? — жымжырттыкты Далия болду. — Тарик. — Тарик ким? — Тарик Жамил. — Таржымалыңыз кандай, Тарик Жамил? — Далия сурады. — Кимсиз, бул жерде эмне жүрөсүз? Эгер чындыкты айта турган болсо, анын жайнаган көздөрүнүн өзгөргөн түрүн элестетип көрдү. — Мен кеңеш берүүчүмүн, — деди ал, пиво ууртай. — Эмне боюнча кеңешчи? — кызыга ал. — Компьютерлер боюнча. — Бул кандай тажатма. — Бул чын эле ошондой. — Кайдан болосуз? — Бүт жерден, — жооп берди ал. — Акыркы беш жылдын көп бөлүгүн Европада өткөрдүм. — Чын элеби? — ал жанданды. — Мисалга, каерде? — Мадридде, Парижде, Берлинде — кайда буйруса. Бирок мекемем Брюсселде жайкашкан. — Париж мага абдан жагат, өзгөчө жазында, аба ушундай таза, жагымдуу, гүлдөр ачылган убак, көчөлөрдө көп сүйүшкөн түгөйлөр, — деди кыз, бизнеске караштуу, майда-бараттарга көңүл бурбай, ал мунусу үчүн ага абдан ыраазы болду. — Сиз ал жакта өстүңүзбү? — сурады Тарик, пиводон жута. — Жок, Иорданияда, — деп жооп берди кыз. — Бирок мен «Бритиш Эрвэйзде» стюардессамын, кээде Парижге болгон рейстерде бирөөнүн ордуна барам. — Жумушуңуз, ырахатануу алып келет болушу керек. — Сейрек, — бук боло түшө, үн катты. — Антсе да… — Бирок жеке жашоого ээ болуу кыйын. — Эмне дегени турасыз? — Айтайын дегеним, тиги, сизди жалдап жатканда — англичандар эле эмес, бирок башка мекемелер да, силерге бекер саякат мүмкүнчүлүгү, бүт дүйнө кыдыруу жана башка ушундайларды убада кылышат. Бирок иш жүзүндө сиз башка токтобогон чар жайыт эрежеде, бардык убакта иш үстүндө болосуз. Ар дайым таңылчак үстүндөсүз. Турганыңызда, каерде экениңизди дароо биле да албайсыз. Кайсы жерди үйүм деп атай турганыңызды да билбейсиз. Чогуу иштегендерден бөлөк бирөө менен достошуш кыйын. Чын, сиз учкучка ашык боло аласыз — а алардын баары үйлөнгөн, — же баары кызтеке болгон стюардессага ашык боло аласыз… Бирок, айла канча, бул кесипте жан багууга акча тапса болот. Кыз чылымга умтулду. — А Дина, Мерват? — сурады Тарик. — Силер достор эмессиңерби? — Андай деле эмес. — Бул эмне дегениң? — Жок, мени туура эмес түшүнбөңүз, — деди Далия. — Алар сонун кыздар, алар мен үчүн жасагандай, мен да алар үчүн баарын жасайм. Ошондой болсо да бири-бирибизди жакшы билбейбиз. Биз жөн эле чогуу ижарада турабыз, анткени өз-өзүнчө туруу чөнтөгүбүзгө шайкеш келбейт. Мындан сырткары, алар экөө тең “Эр Франста” иштешет, биз сейрек кездешебиз. Экөөнү тең Нью-Йоркко которуп салышты. Эми биз такыр көрүшпөй калабыз. — Ооба, өкүнүчтүү. — Жашоо ушундай, — үшкүрүндү Далия. — Анда күнөөкөрлөргө тынчтык жок. — Эмнеге башка бир иш менен алектенбейсиз? — сурады Тарик. — Мисалы, эмне менен? — сурады ал. — Компьютер сатыппы? — Мында деле жан сактоого акча тапса болот. — Мындай жумуш сизге жагабы? — Топук кылса болот, — деди ал. — Сиз өзүңүз айткандай, мен бойдокмун. Мага бул иш жарашат. Бирок сиздей адамга, ойлоп турам, жакшыраагы жарашат. — Эмне айтканы турасыз? — Айтайын дегеним, сиз деген — жагымдуу, сулуу, ачык, өмүрүнүн бир гүлү ачыла элек селкисиз, сизге дурусураак нерсе керек. Ал кылчайып, башын капталга ийе, анын көзүнө түз карады. — Сиз мени сулуу дейсизби? — Болбосо кечегеге эмнеге келмек элем? Тарик эңкейип, аны назик өпкүлөдү. Кыз дароо ушундай күч менен жооп кылды, ал мындайды күтпөгөн эле. Алардын үстүнөн Каир аэропортуна «Боинг-747» конууга зуулдап өттү. Мына ал андан баш тарта албас сунушту укту. — Дина, Мерват кече бүтөөрү менен аэропортко кетишет, — акырын айтты ал, ал аны кайрадан өпкүлөп жатканда, — бүгүн батир менин гана карамагымда. Мындай болушу мүмкүнбү? Тарик денеси кайрадан ысып киргенин сезди. — Меникине келүүнү каалайсызбы? — деп ал качандыр кулак илгенге туура келген ушундай бөтөнчө азгырган үн менен шыбырады. Ал муну абдан каалап турду, бирок эки абал арсар кылды — Рания жана ийниндеги өзөктөгөн жараат. Бул ойлорду кууп жиберди. Раниядан кол жууду, ал муну айдан ачык билдирди. Жашоо керемет, ал кайрадан ырахатка малына алат. Экинчи тосмок татаалыраак — бир айласын табууга туура келет. Кантсе да түндү чырайлуу, буга көңүлдөнүп даяр да турган кыз менен кечиргенге эч нерсе тоскоол боло албайт. — Абдан каалайм, — ал жообун шыбырады, кыз анын колуна ачкычты салды. — Батир 901, — деди ал. — Бул жерде бир аз кармала туруңуз, 10 мүнөттөн кийин жолугабыз. Бөлмөм — солдон үчүнчү. Эшикти ачык калтырам. 25 «Аккад жана кызматташтар» Бейруттагы Америка университетинен алыс эмес анча чоң эмес мекемелер борборунда жайгашкан, өзүнүн экинчи жортуулунда Годдар ойлогондой, мекеме өз негиздөөчүсүнүн мүнөзүнө ээ: Акаддын өзүнө окшоп, көзгө уруна калбайт, жупуну жана бир далай сырдуу. Эшиктеги тактайча мекеменин атын эле кабарлайт, логотипсиз, сайтсыз, кандайдыр да бир кылган ишине ишарасы жок эле. Кабылдамадагы эмерек жарашык менен тандалып алынган, ал тургай болушунча кымбат баалуу, бирок мында миллиардер-кардарлардан миллиондогон акчалар чубалып жатканын көрсөтө турган китепчелер, дубалдардагы сүрөттөр жок эле. Болгону ок тешип өтпөс терезе, кире бериш үстүндөгү, узун залдагы жана ачык бөлмөдөгү камера байкоосу мекеменин багытын айтып турду. Бирок, Марван жана Рами Аккаддардын көрсөткөн кыраакылыгына карабай, бир жалгыз уя каралбай калган, ал — Жасмин Зейтун. — Кайырлуу таң, Жасмин айым, — жылмайды Годдар, ачык бөлмөдөгү анын үстөл четине кымтыла. — Сизди кайрадан көргөнүмө кубанычтамын. Жасмин, университеттин татынакай бүтүрүүчүсү, Годдар акыркы көп айларда, эгер жылдар болбосо, буларга баш баккан, биринчи жагымдуу жигит болгонсуп жылмайа кирпиктерин кагып алик алды. — Кош келиңиз, инспектор Годдар, — деди ал. — Мен сизге дагы кандай көмөк көрсөтө алам? — Үйгө кайтып баратам, бирок дагы бир ирет кирип кетүүнү чечтим, бүгүн Аккад мырзалар же алардын кызматташтарынын кимдир бирөөсү көрүнгөн жокпу. — Жок, абдан өкүнүчтүү, — деди ал, тим эле жардам бере албаганына жүрөгүнүн түпкүрүнөн өкүнүп жаткансып. — Эч кандай жылыш жок. — Болуптур, — деди ал, — мен дагы бир аракет кылып көрүшүм зарыл. — Мейлиңиз, сиз менен маектешкениме ыраазымын, — деди ал. — Номерим сизде барбы? — Ооба, — жооп берди ал, үстөл үстүнөн анын мукабачасын таап, ага көрсөтө. — Аккаддардын бирөөсүнөн кабар болоор замат, алар сиз менен байланышат. — Сиз өтө кичи пейил экенсиз, — деди ал, чыгууга камданып. — Айтмакчы, дагы бир нерсе. — Мен сизди угуп жатам, — деди ал. — Марвандын селкиси Парижде, — деди ал, — аны менен сүйлөшүп, изилдөөбүзгө байланыштуу бир нече суроо беришим керек. Мен аны таап ала алганымдай, сизде анын номерлери жокпу? — Сиз Ранияны айтканы жатасызбы, — деди карапайым мүнөз. — Фаваз айымды анын селкиси катары эсептөө таптакыр туура эмес болот деп ойлойм. Бирок анын ага көңүлү болгон, буга күмөн жок. — Көңүлү болгон? — деп сурады Годдар, Жасмин айым билген маалыматтын баарын андан сууруп чыгарууга ниеттенип. — Ооба, мырза, — шыбырады ал, мекемеде экөөнөн башка эч ким жок болсо дагы. — Өткөн жылы жайында ал кыздын колун сураган, бирок ал ага көнбөй дайынсыз жоголду деген сөздү айтып жүрүшөт. — Дайынсыз? — кайталап сурады Годдар. — Ушунтип уккам, — деди ал, күтүлбөгөн жерден капаланып. — Бул чынында аянычтуу болгондур. А азыр болсо мунун баары… Аккад мырза үчүн коркуп турам. Ал абдан жакшы киши. 10 мүнөттөн кийин Годдар унаада аэропортко шашып жатып, Арбакка чалды. — Анын аты Рания Фаваз, — Лемеге чалып эле, ал жаадырып баштады. — 24 жашта. Медсестра. Ал бул жерде чоңойгон. Бирок 10 жыл мурун Парижге көчүп келген. Бирок майда Мароккого кеткен. — Тамашаңызбы? — деди Лемье. — Кыпындай да, — жооп берди Годдар. — Ал — Рабаттабы? — сурады Лемье. — Дюваль мунун үстүндө иш жүргүзүп жатат, — деди Годдар. — Жакында билем. — Сиз жакшы эмгектендиңиз, Годдар, — деди Лемье, биринчи ирет бир канча күн ичинде анын үнүндө чын жүрөктөн кубаныч жаңырды. — Сизден да мүмкүн жакшы детектив чыгаар. 26 — Тарик, берки айдоочу да ушундай катуу жараат алдыбы? Тарик суроону укту, антсе да жооп бергиси келбей уктамыш болду. Бирок Далия соболун кайталады. Бир кыйладан кийин ал оодарылып көзүн чоюла ачты. Таңдын алтын күн жарыгы парда аралап тийип турду. Далия жооп күтө, ага жылуу тулкусу менен жабышты. Ал калпка көнүп калган, адатта бул ал үчүн көйгөй деле эмес болчу. Бирок бүгүн өзүнө белгисиз себептер менен бул кызды алдоодон уялып турду, мындан кантип кутулаарын табалбай койду. — Ошондой деп, корком, — акыры сүйлөдү. — Полиция айткан, ал абдан мас экен. Ал эми эле кечеден кайткан, этият болгон эмес, анан мына тарс-турс! — аны башка эч качан көргөн жокмун. Далия чочуп кетти. — Өлүп калмаксың. Тарик үн катпай калды, бир канчадан кийин айтты: — Бул жөнүндө ойлогум келбейт. Жерден көйнөгүн таап алып, аны кийди. — Өлүмдүбү же кагылышуунубу? — сурады ал. — Тигинисин да, мунусун да, — деди да, керебеттен туруп, жынсысын кийди. — Ошон үчүн сени түндө жаман түштөр кыйнап чыктыбы? — Жаман түштөр? — деп сурады Тарик. Кыз баш ийкеди. — Эсиңде жокпу? — Жок, — ал дагы калп айтты. Эмнени айтты? Ал эмнени угуп калды? — Түнкү үчтөрдө, — деди ал. Тиштериңди кычыраттың, аңтарылып-оодарылып бир демелерди кобурап кирдиң. — Так айтканда эмнени? Далия шейшеп менен жабынды. — Буга окшогон бир деме: «Жок, токтоткула, мен күнөөлүү эмесмин!» Баарын уга албадым, өзүм деле чала уйкуда элем. Кудайга шүгүр, — деп ойлоп кетти, анан: — Анан эмне болду? — деди. — Эч нерсе. Аңтарылдың да, кайра уктап кирдиң. Таптакыр эч нерсе эсиңде жокпу? Эсинде бар. Кантсе да ага эч нерсе айта албады. Ал бир гана шартта тирүү кала алат — эгер эки жүздүүлүк менен өмүр сүрүп турса гана. Дагы бир ката кетирүүгө жол кое албайт. — Жок эсимде жок, — деп иңилип, аны өбө айтты: — Азыр менин сага суроом бар. — Айта бер. — Сенин кийинки рейсиң качан? — Дүйшөмбүдө, кечкисин гана, — деди ал. — А эмне болду? — Демек дем алыш күндөрүң бош экен? — Александрияга конокко камданып турам. — Досуңабы? — Жок,— жылмайды ал,— курбума. — Сапарыңды котор. — Эмнеге? — Кел, бул дем алышты чогуу өткөрөлү. — Эмне кылабыз? — Ойлогон да жокмун, — деди ал. — Кел, таңкы тамакка барайлы, анан бир нерсе ойлонуштурабыз, — эмне каалайсың? — Эмне каалайм? — ага күмөн санай карап алды. — Эмне каалайсың? — кайталады ал, көнүп калаарынан көзү өтө. Кандай тобокелге салып жатканын түшүнүп турду, так ушул учурда бирөө менен жакын мамиледе боло, бирок баарын көзөмөлдөн көз жаздырбасына кепил болуп турду. Кайрадан кир болгон, бүркөк батиринде кокойуп олтурганын элестетип да койгусу келген жок. Далия сулуу, жайдары, өмүргө толуп турат, анын жанында турганында Ранияны гана эмес, Годдар менен Лемьени да эстебейт. — Келиштик, Тарик Жамил, — акыры үн салды Дария. — Кел, саякатчылар болобуз. Далия Каирде жарым жылдан ашуун жашап жатат, антсе да шаарды көрө элек. Тарик бул жерде жаңы адам эле (Ливандын премьер-министири менен Каирде бир нече ирет болгон, бирок өзүнө корото турган убактысы эч качан болгон эмес). Ошентип мына, «Шератондогу» ыкчам душ, жеңил таңкы тамактан соң, алар таксиде Хан Альхалил базарына барып, жаш жубайлардай эрте күндү өткөзүштү. Жытка толгон көчө бойлорунда сейилдешти, кымбат баалуу жасалгалар менен чыгыштын түрдүүтирүү укмуш буюм-тайым байыркы дүкөнчөлөрүн кыдыршты, «Нагиб Махмуз Кафесинде» түрк кофесин ичишти. — Нагиб Махмуздун кайсы-бир романын окудуң беле? — деп сурады Далия, дубалы ачык кызыл кездеме менен капталган, обочолоногон орунга жайланышкандан кийин. Алар чатырда жашынышкандай болуп турду. — Бирөөсүн эле, — жооп берди ал, таттуу кесимди тиштей. — «Башчы өлгөн күн». — Бул кайгылуу роман, — деди Далия. — Бардык романдары кайгылуу эмеспи? — сурады ал. — Баары эмес, — деди кыз. — Алардагы сүйүү баяндары мага жагат. «Менин жароокерим суудан кайырмагын сууруп жатат. Кайырмак бош, бирок ал бүгүнкүгө чейин сакталган тамганы калтыра мени бармагымдан илип алды. Нилдин жээгинде, үйүбүздүн маңдайында, мен ага жарабаган балыкчысың дедим, антсе да ал мени илип алды, менден кан тамып турат». — Сен мени таң калтырып жатасың, — деди Тарик. — Махфузга мени атам тартты, — деди ал. — Кичине кезимде, уктаар алдында анын романдарын ал мага окуп берчү — жок дегенде бир бөлүмүн, бирок эгер мен аны көндүрө алсам, кээде көбүрөөк. Чоңойгондо өзүм аларды окуп кирдим. — Баарын окуп чыктыңбы? — Бардык пьесаларын эмес, бирок бүт романдарын, аңгемелерин. Алар сыйкырдуу, өз дүйнөңдөн кетип, башка дүйнөгө чыгасың. Көпкө дейре чоңойгонумда жазуучу болом деп бекем ишенип жүрдүм, Махфузга кол салгыч бычак менен асылган күнгө чейин. Бул жөнүндө укканымда, каерде болгонум эсимде. — Чынбы? — таң калды Тарик. — Анын болгону качан, 95 — же 96-жылда? — 14-октябрь 1994-жылы, — деди Далия. — Чын эле эсиңде экен. Далия табагына карады. — Бул туулган күнүм эле. 13 жашка толгом. Мектептен келгем, апам айтып берди. Башында ишене бербедим, байкеме чалдым, муну чындык экенин ал ырастады. Бөлмөмө чуркап кирип, эшикти жаап алып өксүп ыйладым, эртеси эрте менен гана эшикке чыктым. Биринчи сапар мага жакын болгондордун бирөө өлдү. Чоң атамды же атамды эле жоготкондой болдум. Бирок кийин, анын жашай турганын угуп, төбөм көккө жетип турдум, оор жүктөн кутулгандай, ушунчалык жеңилдикти сезип, дагы ыйлап кирдим. Махфуз тирүү, көңүлүм жайдары, качан бир дагы жазмагын уланта алышы үчүн сыйындым, чын эле дагы жазды. Тарик, сенчи, ушундайды баштан өткөзгөн жок белең? Жакындарыңдын бирин жоготуп же жоготуудан коркуп көрдүңбү? Тарик өз туюмунда ортодогу аралыкты сакташ үчүн, жакыны болуп калып, Рания кылгандай, жүрөгүн жаралашына жол бербеш үчүн, кайрадан калп айтыш керектигин түшүнүп турду. Бирок жүрөгү башканы айтып турду (ооба, алар учкай эле тааныш, кечээ эле жолугушкан), анан кызга айтып жаткан жообун угуп калды: — Ата-энемди. 14 жашымда алар каза болушкан. Мина байланган унаа жардырылган. Бул иним экөөбүздүн көз алдыбызда болгон. Бир нече кадам эле жакыныраак болонубузда, биз да жок болмокпуз. — О, — Далия делдейди. — Мен билген эмесмин…мен ойлобогом… — Эч нерсе эмес, — жумшак айтты ал. — Буга өтө көп болду. — Абдан кейиштүү. Бир канча убакытка оңтойсуз жымжырттык созулду. Анан Далия сурады: — Сен өлүмдү көп көргөнсүң, ыраспы, Тарик? Ал баш ийкебеди. Жооп айтпады. Айтайын деди, бирок айта албады. Далия анын колуна жанашты. Алгачкы каалоосу түртө салуу болду, ал эч качан бирөөнүн аны аяшын каалаган эмес. Бирок ал бул кызды таарынткысы келген жок. Анан да, анын жанашуусу ушунчалык жылуу, назик, жанды жай алдыруучу эле, качандыр бир кимдир-бирөөнү анын ою, сезими кызыктырганы анын эсинде жок. — Дагы бир жакка бараарбыз, — деди ал, бир канчадан кийин. — Жүр, — деди Далия. 27 Бир сааттан кийин алар Египет музейинин үңкүрлөрүн эске салган залдардан кол кармаша, бир нече саат ичинде миң жылды баштан кечирүүгө камыныша басып баратышты. Далия эстелик белектер дүкөнчөсүнөн сатып алган багыттамадан үзүндүлөрдү окуп жатты. — Тапчы, бул жерде канча көргөзмө бар, — деп сурады ал, падыша Рахотепа жана аялы Нофреттин акиташтан кесилип алынган эстелигин карап, Аменхотепа III түн байлыктарынын арасынан өтүп бара жатышканда. — Ойлоп да койгон жокмун, — деп жооп берди эч качан музейлер барктоочусу болбогон Тарик, кантсе да Далияга өтө кызык болгондуктан, азыр кызыгуу көрсөтүүгө аракеттенүү менен. — Тап. — Болуптур, макул. Миллион. — Жок, тамашасыз, канча? — Болуптур, жарым миллион. — Өтө күлкүлүү. 120 миң коюлган. Дагы 150 миңи сактоочу жайларда турат дешет. — Ошол элеби? — деди чымчып Тарик. — Анан муну музей деп аташабы? Көз боемочулук! — Сага сөз жок, — ал аны чыканагы менен түрттү. — Сен маскарапоз болушуң керек болчу. — Чын эле, — деди ал. — Дүйнөдөгү биринчи маскарапоз-компьютерлер кеңешчиси. Эмнеге бул башыма келген эмес. — Токтот, — деди ал, анын тамашасын көңүлүнө албай. — Кел Туттун катылган байлыктарын көрөйлү. Алар тепкич менен көтөрүлүшүп, экинчи кабатка Тутанхамондун галереясына киришти. Алгач алар Луксорадан алыс эмес Падышалар Өрөөнүндө бир кезде анын мүрзөсүнүн кире беришин кайтарып туруучу эки алтын кара эстеликти көрүштү. Андан ары текчелерге коюлган алтын жалатылган таш табыптарды карашты. Ушунча кылымдар бою бүтүн бойдон сакталып келген, белгилүү британдык археолог Говард Картер тарабынан 20-жылдары табылган. — Укмуш, — деди Далия. — Карачы, бул чоң табыптын ичинде кичинерээги, кичинесинде дагы кичирээги, андан ары кете берет. Бир нече мүнөттөн кийин жасалма климаттуу караңгылатылган жай болгон үчүнчү залга киришти. — Андан кийин, — шыбырап улантты ал, — тигилердин ичиндеги бул саркофаг табылган, анын ичинде — алтындан жасалган кичинерээктери, а акыркысында — мына бул алтын чүмбөттөгү Тутанхамондун өз денеси табылган. Алар жанында сакчы турган, жарык берүүчүсү бар айнек текченинин алдында токтошту. Анда Тарик өз өмүрүндө көрбөгөн ушундай сонун экспонат бар эле. — Бул ошолбу? — шыбырай сурады ал. — Бул нукурабы? — Ананчы, — жооп берди кыз. — Түсүнө кара, иштин чеберчилигине. Керемет таң калаарлык. Аныкы туура эле. Эрителген алтын менен жылмаланган, көк, сары, кызыл менен жасалгалаган маркум чүмбөтү бир кезде өлкөнү, элдерди башкарган, кырчын жаштагы падышанын чырайын чыгарып турду. Жанындагы текчелерде Тутанхамон менен чогуу көмүлгөн, баа жеткис башка алтын, күмүш буюмдар, асыл кымбат жасалгаларкоюлган. — Бир эле адамдын ушунча байлыгы болгонун элестетип көрө аласыңбы? — деп сурады Далия, эгер деги бааланар болсо, миллиарддаган фунт тура турган баалуулуктар сакталган үй ичин айлана карай. — Элестетсең, ал келечектеги жашоосунда колдоно алат деп ойлошуп, мунун баарын адам менен чогуу көмүшкөн, — деди Тарик. — Ооба, — деди Далия, — бул өтө кейиштүү. — Бирок бардык фарондор ушундай ойлошкон, — сөзүн улады Тарик, — асмандагы жашоолоруна байлыктарды топтош үчүн, мына ошол үчүн пирамидаларды курушкан. А бул байлыктарды ууру-кескилер талап-тоношкон. Сакчы алардын акырын сүйлөшүшүн суранды, алар кыдырууну улантышты. Тутанхамондун буйругу боюнча аны менен бирге коюлган башка байлыктары бар зал аркылуу өтүштү. Булар найза, жаа, ал сүйгөн оюндар, аптаптан сактаган алтын чоң желпигичтер, жадакалса бир мезгилде олтуруп алып зор каганатты башкарган алтын такты эле. Жарым саатан кийин, кирүү акысын төлөп, катырылган өлүктөр турган залга киришти. Биринчиси Рамсес II нин мумуясы болду, Тарик Рафик Рэмзинин Монте-Карлодо маркумканада сакталган денеси тууралуу ойлобой кое албады. Алар кургаган бетке, сөөк бармактарга, байыркы фарондун денесин жаап турган күрөң жабууга карашты. — Далия, — деп шыбырады ал, аны угуп кое туган сакчы жокпу дегендей, эки жагын каранып. — Ии, — деди кыз. — Сен асмандагы жашоого ишенесиңби? Ал ага бурулуп, түшүнө албаган көз караш карады. — Албетте, а сен ишенбейсиңби? — Ишенем деп ойлойм. — Ойлойсуңбу? — Жок, ишенем. Жөн эле… мен билбейм… бул маанилүү деле эмес. Күтүлбөгөн жерден кыз чыйрала түштү. Кебетеси өзгөрүп кетти, анын кулагына шыбырады: — Кечирип кой мени. Сени бул жакка алып келбешим керек болчу. Мен ойлобоптурмун. Мунун баары өлүмгө тиешелүү нерселер. — Жо, жок, кеп мында эмес, — деди ал. — Баары жайында. Жөн эле… — Эмне? — Эч нерсе. — Жок, эмне? — Кетсек болобу? — Айтсаң мага. — Чын эле, эч нерсе эмес. Жүр .. — Кырсык тууралуу ойлоп жатасыңбы? — сурады кыз, анын көз карашындагы назиктик аны эргитти. — Өлүмгө канчалык жакын барганыңды ойлоп турасыңбы? — Ошондой чыгаар, — деди ал, баарын ага канчалык айткысы келип жатканын ойлой. — Сен билесиңби, Тарик Жамил, — шыбырады ал, анын колун кыса. Анын жүзүнөн жылуу демди сезип турду. — Сен жакшысың. Кудай болсо жакшы адамдарды бейишке чыгарат. Мына ушуну гана билишиң керек. Далиянын аны соороткусу келип жатканын билип турду. Ал анын кайгырышын каалабайт. Бирок азыр ал кандай коркунучту сезип жатканы кыздын түшүнө да кирбейт. Эгер анын айткандары чын боло турган болсо, Кудай жакшы адамдарга асмандан өмүр берсе, анда ал куру жалак калат. Ал жакшы адам эмес. Так ушундай жөнөкөй, бирок жүрөктүн үшүн алган чындык. Годдар менен Лемье шек тутуп жаткан иште анын тиешеси жок, эгер сотко чейин жетсе, сот күнөө койгудай эч кандай айып кылган да жок. Бирок асман соту? Ырасында, калп айтууда, баңги колдонууда күнөөкөр эмеспи? Өзү үйлөнбөгөн аялдарга жанашып жүргөндөрүчү? Ата-энесинин, айрыкча аны өзү үчүн башка жашоо, бөлөк жол танда деп жалбарган энесинин элесин сатканында күнөөлү эмеспи? Бул жөнүндө канчалык көп ойлогон сайын, тизмек ошончолук узара берди, ал андан бетер чүнчүй берди. 28 Телефон чырылдады, инспектор Годдар чалуу болор замат туткакты көтөрө койду. — Колетт, өтүнөм, Рания Фаваз боюнча бир нерсе тапканыңды, айтчы, — деди ал, Бейрут аэропортунда, билет алуу кезегинде турган бойдон. Ал бүгүн Мароккого уча турганына үмүттөндү. — Телефон номерин, адресин — мен баштай ала турган бирдемесин. — Анысын да, мунусун да таптым, — деди Дюваль. — Сонун! — аз жерден кыйкыра жаздады Годдар. — Ал Рабаттабы? — Жок, Касабланкада. — Мына сага! Кайда? — Годдар даректи дептерчеге жазып алды. — Сүрөтү барбы? — Азыр эле алдым. — Токтоосуз аны менин телефонума жибер. — Жарайт. — Азаматсың, Колетт. Сен жакшы иштедиң. Марокконун полициясы менен байланышкан жоксуңбу? — Жок, сиз биринчи болуп маалыматты алгыңыз келет экен ойлодум. — Эң сонун. Кантип таптың аны? — Телефон мекемеси аркылуу, — жооп берди Дюваль. — Эң татаалы изилдөөгө уруксат бере турган кимдир бирөөнү табуу болду, анан, албетте, өзүмдүн ким деп тааныштырсам, ошо экендигиме аларды ынандыруу. Калганы кыйынга турган жок. — Азаматсың, — дагы айтты Годдар, мындай жол болгонуна ишене албай. — Макул, мен Арбакка чалам. А азырынча бул Рания жөнүндө мүмкүн болгондун баарын биле бер. Бил, акыркы күндөрү анын кимге чалганын, иштеген жерин, кошуналары кимдер экенин, — балким, кимдир бирөө менен чогуу ижарада тураттыр, — кандай унаа менен жүрөт. Азырынча Марокко полициясын аралаштырбай турабыз. Адилеттүүлүктүн оор жүктөрүсүз эле чыгабыз. * * * 10 мүнөттөн кийин инспектор Лемье Годдар менен сүйлөшүүсүн бүтүп, телефонуна келип түшкөн кабарларды окуп чыкты. Демек, Жан-Клод өзүнүн куу чач немеси менен кандай кылганда да бир деме табышкан. Ким ойлоптур. Абал ойдогудай баратат деп ойлоп койду Лемье. Марван же Фаваздын батиринде жашырынып жатат (өтө чындыкка жакыны), же болбосо Фаваз анын кайда экенин билет жана анын изине чыгара алат. Кандай гана болбосун, ал ага тезирээк жетиши керек. «Хилтондон» чуркап чыгып, унаага олтурду да, Рабаттан Касабланкага ашыгып жөнөдү. Керектүү имаратка жете барганда, караңгы кирип калган, кароолчу үстөлдүн четинде үргүлөп олтурат. Лемье лифттин эшиктеринин үнү эч кимди чоочутпасы үчүн, жетинчи кабатка тепкич менен көтөрүлдү, бир аз күшүлдөп-бышылдап көтөрүлүп жеткен учурда, ал кабат жымжырт жана ээн эле. Тапанчасын сууруп, ага үн өчүргүчтү орнотту, аны дапдайын кармап турду. Ал 701-батирди тапты, эки жолу каккылап, жаш аялдын үнүн укту: — Ким бул? Бул Фавазбы? Марван мындабы? Марван эч качан анын үнүн укпагандыгын Лемье билет. Бирок анын эшик артында экенине, куралданган жана дагы өлтүрүүгө даяр, бирок өзүн киши өлтүрүүдө кармалышына жол бербей турганына дайын турушу керек. — Сиз спутник телеберүүсүн орноштуруу тууралуу кайрылган белеңиз? — сурады ал, акыркы саатта анын бөлүмү топтогон маалыматтардын чындыкка дал келерине үмүттөнө, Годдардын кишилери эмне үчүн муну кылбаганын ойлой. — Ооба, — жооп болду аялдан, — бир мүнөткө. Кулпу менен илмектин кандай ачылып жатканын укту, мына ал Годдар салып жиберген сүрөткө төп келген Рания Фаваздын жүзүнө карап турат. Лемье эшикти түртүп, Ранияны колдон алды, аны кайрып, мойнуна кармай, тапанчаны анын башына такады. — Марван Аккад кайда? — сурады ал. — Азыр жооп бериңиз! — Ооруп кетти! — кыйкырды Рания. — Колумду сындырасыз! Лемье буга көңүл буруп да койгон жок. — Кыз менин колумда, Марван! — кыйкырды ал. — Эгер аны тирүү көргүңүз келсе, куралды таштап, колуңузду көтөрө жай чыгыңыз! — Ал мында жок, — апкарыды Рания, сыздаткандан бырышып. — Ал жок. Марван бул жерде жок. — Мен сизге ишенбейм, Фаваз айым. Мен билип турам, ашыгыңыздын жанын сактап калыш үчүн, сиз алдап жатасыз. — Ал менин ашыгым эмес. Эч качан болгон да эмес. Ал азыр мында жок. Бул ынандыраарлык үн менен айтылды, бирок Лемье тобокелге салгысы келген жок. Тапанчаны анын башына күчөтө такап, бөлмөдөн бөлмөгө териштире карай, азык-зат сакталган жерди, керебет алдыларын, душ бөлүгүн, бардык булуң бурчтар жана көзөнөк калтырбай баш бага, аны батир аралата артынан сүйрөп алды. Марвандын эч жерде аңдып турбаганына көзү жеткенде гана, чыйрыгынан чыгууга өзүнө жол берди. — Мен сизге айтпадымбы, анын мында жоктугун, — деди Рания, изилдөөнүү токтотушкандан кийин, Лемье кире бериш эшикти жапты. — Жап оозуңду! — кыйкырып тапанчанын туткагы менен аны бетке чапты. Ал буркурай, кулап кетти. Талкаланган эрининен кан агып кетти. — Болуптур, азыр ал мында жок, бирок ал мында болгон! — Сиз кимсиз? — сурады Рания, корккондон калтырап. — Сизге эмне керек? — Мында суроолорду мен берем, Фаваз айым, — деди Лемье, анын үстүнө иңиле, тапанчаны ага көздөп. — Мен сизден кайрадан сурап жатам, жакында Марван Аккад сиздикинде болдубу? — Ооба, болду, — деди ал акырында. — Ага эмне керек экен? — Анын мында калгысы келди, бирок мен баш тарттым. — Эмне үчүн мында? Эмнеге мейманканада эмес? — Ал жарадар экен. Ага жардам керек эле. — Сиз ага жардам көрсөттүңүзбү? — Мен — медсестрамын. — Ал сизди сүйөт. Рания унчукпады. — Ал сиздин колуңузду сураган? Май айында — ушундайбы? — Ооба, ушундай. — Демек, ал сизди сүйөт. — Ошондой деп ойлойм. — А сиз аны сүйгөн эмессиз? — Мен ага көнбөдүм. — Бул сиздин аны сүйбөгөнүңүздү билдирбейт. Анткени ал сизге келбедиби. Өзү кайрыла ала турган адамдардын ичинен, ал сизди тандады? — Ошондой деп ойлойм. — Дагы эле ага көңүлүңүз суубаган чыгаар деп ойлогондур? — Балким. — Кыйын кезеңде сизге кайрылды. Жараат атылган октон бекен? — Ооба, ошого окшошот. — Сиз болсо, аны кууп жибердиңиз? — Мен анын жашоосуна аралашкым келген жок. — Киши өлтүрүүчүнүн жашоосуна? — Мен муну айткан жокмун, — каршы болду Рания. — Муну айтуунун кажети деле жок. — Ал киши өлтүргүч эмес, — деди ал. — Ал жакшы адам. — Бирок, ага күйөөгө чыга тургандай жакшы эмес. — Биз бала кезде дос элек. Мен ал үчүн эмне болсо да жасамакмын. — А эмнеге жасаган жоксуз? — Мен… мен колуман келишинче, жардам көрсөттүм. — Бирок калып калууга жол бербедиңиз? — Мен.. — Сиз ага акча бердиңизби? — Жок. — Ага учакка билет алууга жардам бердиңизби? — Жок. — Сиз аны темир жол аялдамасына жеткиздиңизби? — Жок. — Бирок сиз анын кайда экенин билесиз, туурабы, Фаваз айым? Рания жерге кысылды, титирегенинен баса албай жатты, көздөрү жашка толгон, ал араң сүйлөй алды. — Жок, — сүйлөдү ал. — Билбейм. — Мен сиз алдап жатасыз деп ойлойм. — Мен башка эч нерсе билбейм. Лемье тапанчанын алдын ала сактагычын тырк эттирди. — Мейли, мени текшериңиз, мен билбейм, анын кайда кеткенин. — Үчкө чейин санайм, — деди Лемье. — Эгер мени кызыктырган нерсени уга албасам, мен сизди өлтүрөм. — Бирок, мен билбейм, — деди ал. — Ант берем. Эгер билген болсом, сизге айтмак элем. — А айтпай коюшуңуз да ыктымал, — деди Лемье. Балким сиз, анын жашырынып калышы үчүн, өзүңүздү курман кылууга даяр чыгаарсыз. — Жок, жок, ооба, мен аны сүйөм, бирок мен сизге чынын айтып жатам. — Бир… — Мырза, сизден суранам, сиз мага ишенишиңиз керек. — Экии… — Болуптур, болуптур, мен сизге баарын айтам, эмнени билсем, бирок көп билбейм. Суранам, болгону, мени өлтүрбөңүзчү. Лемье узакка созулган, жүрөк кыскан тынымды кармап туруп, айтты: — Макул, мен күтүп жатам. — Марван айтты, ал кайда бара турганын билбейт, — бат айтты ал, — а мен ага ишендим. — Так эмнени айтты, Фаваз айым? — Ал айтты… «балким, Египетке, балким, Булуңдун башка бир өлкөлөрүнө, иши кылып бул жактан алыска»… ушуга окшогон бир деме… Болгону ушу, чын, мен билген нерсенин болгону. — Сиз толук ишенесизби? — Ооба, — кайталады ал. — Ал башка эч нерсе айткан жок. — Дагы башка бирөө билеби, анын мында болгонун? — Жок, мен эле. — Ата-энеңизчи? — Жок. — Досуңуз? — Жок. — Кабатташ же бөлмөлөш кошунаңызчы? — Жок, — калп айтты Рания, Лейланы ал билип калбастыгы үчүн, — мен эле. Мен деле эч нерсе айтып койбойм. Суранам, сиз мага ишениңизчи. Лемье анын сөздөрүнө ишенүүгө болобу деп ойлоно, кайрадан тыным жасады. — Макул, болуптур, — деди ал. — Анткени бул анча деле кыйынга турган жок, туурабы? Рания жеңилдене дем чыгарды. Мына ушул маалда кире бериш эшигигинде каккылоо кагылды. Кулпу ачылды. Колдорунда алган сатыктары менен бөлмөгө Лейла кирди. Үрөйү учкан жүзү менен Лемьеге, анын колундагы тапанчага карады. — Рания эмне болду? — сурады титиреген үн менен. — Бул Марванга байланыштуубу? Бул сөздөр анын тагдырын чечти. Лемье эки жолу атты. Атууларды эч ким уккан жок. Анан Ранияга бурулуп, дагы эки ирет атты. — III — 29 Годдар Рания Фаваздын үй алдында таксиден түштү. — Эмнеге мынча кеч? — нааразылана бурк этти Лемье. — Бул жаккка Бейруттан алыс, — жооп берди Годдар, үн басыгына көңүл бурбай. — Марвандын кандайдыр бир белгилери барбы? — Жок, баары тынч. — Кызчы? — Айтып жатпаймынбы, баары тынч. — Сиз алардын мында турганына толук ишенесизби? — сурады Годдар. — Мына ушул учурда мен эч нерсеге толук ишене албайм, — деди Лемье. — Бирок убакытты уттурбайлы. Киребиз. Марванды камынтпай кармаарыбызга үмүт этем. Алар кире беришке киришти. Бул жолкуда кароолчу сергек турду. Лемье төш белгисин көрсөтүп айтты: — Биз Рания Фавазды издеп жүрөбүз. Биз билгендей, ал мында жашайт. — Фаваз айымбы? — кайталап сурады эшик кайтаруучу. — Ооба. Абдан жакшы кыз. Ал досу Лейла экөө 701-номерде жашашат, жетинчи кабатта. Силерди жеткирип коюш керекпи? — Буга муктаж эмеспиз, — жооп кайрып, Лемье Годдарга бурулду. — Тепкич менен көтөрүлүңүз. Баары таза бекен, текшериңиз. Жогоруда көрүшөбүз. Ал өзүнүн кызмат тапанчасын сууруп, лифтке кирди. Годдар дагы куралын алып дарбаза кайтаруучуну, имаратка кирген-чыккандардын эч кимисине эч нерсе айтпашын эскертти. Анан жагымсыз иштин тынч жолдо чечилишин тилеп, сыйына тепкич менен көтөрүлө жөнөдү. Ал Марван — киши өлтүргүч экендигине ишене албай турду. Лемьенин ой-пикирлериндеги бир нерсе аны канааттандыра бербейт. Бирок этияттык тоскоол болбойт. Ошентсе да Марван Аккад өзгөчө даярдыктан өткөн. Ал Лемьени 701-батирдин кире беришинен кезиктирди, ишарат менен өз аракеттерин макулдашышты. «Үч» дегенде Годдар эшикти кулатты, экөө ичкериге дапдаяр куралдары менен жулунуп киришти. Годдардын төбө чачын тик тургузган, жансыз жаткан Рания жана курбусунун денелерин табышты. — Марван Аккад аларды өлтүргөн, — шар айтта салды Лемье. — Биз кечигип калдык. Годдар көргөн көзүнө ишенбей турду. — Бирок муну кылуунун ага эмне кереги бар эле? — Суроо мында эмес, — деди Лемье. — Негизгиси — кайрадан өлтүрүп киргенге чейин Марванды тутуш керек. Батирди бармак тактарга жана башка далилдерге токтоосуз иликтөө жүргүзүш керек. Бирок баарынан мурун Марвандын сүрөтүн полициянын бардык бөлүктөрүнө, телекөрсөтүүгө, автобус жана темир жол аялдамаларына, аэропортторго жана деңиз токтоочу жайларга жөнөтүү зарыл. Анын мында болушу мүмкүн, биз анын жылт коюушуна жол бере албайбыз. 30 Ишембиде таң эрте Тариктин телефону чырылдады, бирок ал көңүл бөлбөдү. Ал Далиянын төшөк үстүнө алып келген таңкы даам менен алек эле. Бир сааттан кийин кайра чырылдады, бирок Тарик душта болчу, укпай калды. Бир саат өткөндөн кийин дагы бир жолу чыркырады, а батир ээн болчу, — Тарик Далия экөө дагы бир күндү чогуу өткөрүш үчүн чыгып кетишкен. Рами мына ошентип кескин кабарды кабарлай албады. Кыш келип калды, бирок Тарик Жамил менен Далия Нурдун ортосундагы күйдүм чогу жаздагы Нилдин куюлушундай гүлдөгөн чагы. Дүйшөмбүнүн бул суук таңында, таңкы даамдан кийин, алар 185 метр бийиктиктеги Каир мунарасына чыгышты. Кол жетелеше, алар ылдыйдагы жайылган шаарды карашты да, ким көзгө урунаар сыймыктарды көбүрөөк билерине мелдешишти. Алар Египет музейин, Цитадель, Рафик Алинин жана Ибн Тулундун мечитин бат табышты. Калгандары — далай меманканалар, көп кабаттуу үйлөр жана мекеме борборлор — боз-ала чаңда табылды. — Сен качандыр бир Пирамидада болдуң беле? — сурады Далия. — Муну моюнга алуу мага уят, — жооп берди ал, — бирок болгон эмесмин. — Мен да болгон эмесмин! — кыйкырып жиберди ал. — Кел анда барабыз! Мен аларды жакындан көргүм келет, чөлдө төө чапкым келет! — Сен төө менен айланып жүргөндү айтып жатасыңбы? — кайталап сурады Тарик. — Жок, мен чапканды каалайм! — жооп айтты ал, жалын чачкан көздөрү менен. Тарик анын жигердүүлүгүнө, жашоого болгон эркине таң калды. Бул аны сергитип да, багындырып да турду. Ал ийнин кагып айтты: — Эмесе, чабыш болсо чабыш, кеттик. Алар такси кармашып, Гизага келишти. Андан алар Хеопастын пирамидасына түшүштү. Маркумдардын үйлөрү залында туруп, ал кандай байлыкты бир кезде катканын элестетип турушту. Анан эки төөлүү жол көрсөтүүчүнү жалдап, чөлгө аттанышты. Алар мындан ары Нагиб Махфуз өлүмгө кандай жакын келгенин да, Тариктин ата-энелеринин курман болгонун да, Тариктин айтуусу боюнча ал жараланган унаа кырсыгын тууралуу да сөз козгобой калышты. Годдар, Лемье, Монте-Карло жана Рафик Рэмзи тууралуу да эстебей койсо болот. Соттор, изилдөөлөр жөнүндөгү ойлор жай-жайлап бир жактарга алыс кетти. Алар ашык болгон жаш түгөйлөрдөй жашоо ырахатына батышты, Тарик үчүн бул чаңкоодон кийин сергиткен татым суудай болду. — Мелдешели, мен сфинкстин алдына биринчи болуп барам! — кыйкырды Далия ага. — Утулган адам кечки тамакка төлөйт! Төөсүн чапты да, аны артка калтырып, дөбөдөн учкан бойдон жөнөдү. Ага жол берүүнү каалабай, Тари ага учкаша жөнөдү, алардын чочулаган, нааразы жол көрсөтүүчүсү болсо алардын артынан кыйкыра баштады. Өмүр бою ат жалында жүргөндөй, Далияныкы жакшы болду. Анын кара чачтары желкесинде желпинип турду. Ал Тарикти кырк-элүү метрдей аша чаап кетти. Бирок жигитте да кармашуусуз багынуу ниети жок эле. Төөнү күчтөнө тепкилей, ылдамдыкты ала баштады. Алар дөбөгө чыгышып, башка тарабынан түшүп келишти, андан кийин биринин артынан экичисин дагы бир канча дөбөлөрдү ашып олтурушту, мына эми Далия акыркы кырдан ары жоголду. Бирок бир канча көз ирмемге гана, анткени Тарик аны кууп жетти. Далия ага бирдеме деп кыйкырып, каткырып, кыжырын кайнатып жатты, бул тигинин жеңүүсүнө чечкиндүүлүк туудурду. Ал үч жашар төөсүнөн болгонун сыгып алууга чабынып көрдү, бирок бекер эле. Аны жарым турак аша, Далия сфинкстин бут алдында саякатчылар тобун чочута, аларга жанашты. Анан ал күчтү ооштуруш үчүн, артка чөлгө бурду. Көзүнөн жаш чыккыча каткырды. Тарик да күлдү, күтүлбөгөн жерден аны эргүү каптап калды, мындай сезимди Раниядан бөлөк эч кимге, эч качан баштан өткөрбөгөнүнө ал толук ишенип турду. — Мага бир нерсе сатып берчи! — деди Далия, кучакташып турушканда. — Бир нерсе сатып берчи? — сурады ал, түшүнө бербей. — Мисалы, эмне? — Билбейм, — каткырды ал, бекемирээк кучактай, анын мойнунан өпкүлөй. — Бөтөнчө бир нерсе, өзгөчөлөнгөн, сен көздөн кайым болгон кезде, мен сени эч качан кайра көрбөй калганда, сени эстей жүрүшүм үчүн бирдеме. — Эмне деп турасың? — сурады ал. — Эмне үчүн сен ушундай ойлойсуң? — Анткени эркектер так ушундай кылышат эмеспи, — деди ал, — эмне кааласа алат, а андан кийин таптакыр күтпөгөн учурда сенден кутулат. Анын көздөрү ойноктой карады, бирок сөздөрү — тамаша сыңары айтылган болсо да, сөз атасын таамай тапты. Тарик от менен ойноп жатканын түшүндү. Жакын арада эле кимдир бирөө бул кызды өтө капа кылган, азыр ал да кайрадан аны жаралуу жерине саюуга жакын. Ооба, бул кыз ага таандык, бирок ал аны менен ойношун жана кандайдыр өзүнөн өзү боло бере тургандай кабыл алышын каалабайт. Бирок азыр бул көйгөй менен алектенүүгө Тариктин убактысы да, каалоосу да жок. Ага карата кандай сезимдери болбосун, ал аны менен көпкө кала албайт эмеспи. Бул такыр мүмкүн эмес. Бир канча күн, жума же айдан кийин Рами чалат, анын артынан жүрүшкөнүн эскертет, анан анын жоголушу керек болот. Ал да «такыр күтпөгөн учурда андан кутулат». Эгер ал жөн гана түндү же дем алыштарды өткөргүсү келген болсо, балким жеңилирээк болмок беле. Бирок, өзүн таң калтырганы, кыздын көңүлү ал үчүн маанилүү экендигин түшүндү. Мына бул кызда ага жаккан бир нерсе бар жана ал ага жараат алып келгиси жок. — Кээ бир эркектер, так ушундай кылышаттыр, — деди Тарик, аны өзүнө тартып, назик өбүү менен. — Бирок мен эмес. 31 Сөздү башкага бурууга далбастай, Тарик Далияны саякатчыларга бөгөлгөн дүкөндөр жайнаган көчөдө алып жүрдү. Мына акыры алар белгилилүү каирдик чеберлердин бирине келишти. — Мейли, — шыбырады ал, алар кирер замат. — Мен сен каалаган нерсеңди бул жерден сатып берем. Далиянын көздөрү жайнай түштү. — Мен эмнени кааласамбы? — сурады ал кубана. — Каалаганыңды, — деп сөзүн бекемдеди, — болгону эмне экендигин айт. Ал анын колун кысып, көз кыдыртты. Дүкөндүн дубалдарына шаан-шөкөттүү көркөм сүрөттөлгөн папирустардын кең барактары асылган. — Кандай жардам керек? — сурады сатуучу. — Мен сиздерге өтө жакшы бааны сунуш кыла алам. — Бизге устакананы көрсөтө аласызбы? — өтүндү Тарик, Далия баш ийкеди. — Бир ооз сөзүңүз, сэр — деди, жыйырмадан араң оогон жаш улан. Ал аларды папирустун сабактары кандай ичке булаларга таралаарын, алардагы кант эриши үчүн, андан кийин сууда жибитилип, кайра ийрилип-чыйрылаарын, андан соң бышык барактар болушу үчүн, көп убакытка кургатылаарын көрсөткөн арткы тамга алып барды. Аларга чебер сүрөтчүлөр көп учурда байыркы уламыштарга негизделген, курч көрүнүштөрдү чагылдырышат. — Бул жөнүндө айтып бериңизчи, — суранды Далия, улан чоң тактай чабактагы ачык көк, кызыл жана алтын түстөрдө адамдар, айбанаттар жана иероглифтер тартылгансүрөттү көрсөтүп бүткөндө. — «Акыркы сот», — деди сатуучу. — Бул абдан белгилүү. Кай бир мезгилде бул сүрөттүн көчүрмөсү бардык үйлөрдө, Египет күмбөздөрү менен ийбадатканаларда турган. — Эмне үчүн? — сурады Тарик. — Бул эмнени билдирет? — Байыркы мисирликтер киши өлгөндө, аны акыркы сот күтүп турат, өз өмүрүндө кылган бардык иштери үчүн Кудайга сурак бере турган жер бар деп ишенишкен, — сатуучу түшүндүрмөнү баштады. — Сүрөттүн жогорку бөлүгүндөгү, сол бурчтагы тиги келбеттердин алдында тизе бүгүп турган адамды көрүп жатасызбы? — Ооба. — Бул — келечек өмүрдөгү киши. Ал он төрт соттун алдында тизе бүгө, айыпкер эмесмин деп карганып турат. Ал аларга курмандык сунуштап, бейишке киргизишин суранып жатат. — А тиги сүрөттөгү? — сурады Тарик. — Бул ошол адамбы? — Солдон ылдыйбы? — Ооба. — Ооба, ошол эле адам. Аны адилеттүүлүк сот сарайына алып бара жатышат, ал жакта жакшыбы же жаманбы, күнөөлүбү же жокпу, ошол чечилет. Анын алдындагы зор таразаны көрүп турасыңарбы? — Ии. — Өлгөн адамдын жүрөгүн сол жакка, а адилеттиктин куш талын — оңго жайгаштырат. Эгер жүрөк куш талынан оорураак болсо, демек ал — күнөөгө толгон неме. Атап айтканда, ал бейишке кире алгыдай жетишерлик жакшы эмес, эми тозокко айдалат. Эгер анын жүрөгү жеңилирээк болсо, демек, ал — жакшы, пакиза адам, эми ал бейиш төрүндө болот. Сүрөттөгү адам адил, тиги ачкычы бар келбет аны асман так сарайына түбөлүк өмүргө ээрчитет. Силерге сүрөт жагабы? — Жок, — далайдан бери өзүн ыңгайсыз сезип турган Далия жооп берди. — Мага башка бир нерсени көрсөтүңүзчү. Анын көңүлү даракта олтурган эки көгүчкөнү бар башка сүрөткө бурулду. Бирок Тарик «Акыркы сотту» карап тура берди. — А кантип аныктаса болот? — сурады ал. — Эмнени аныктаса? — деп түшүнбөй сурады сатуучу. — Жүрөктүн татыктуу тазалыгын кантип аныктаса болот? Сен тозокко эмес, бейишке түшөөрүңдү? Бирок сатуучу суроого жооп айтпады. Тарик аңдагандай эле, анын жоопту билбестиги айкын болду. Тарик кокустан коркунучту сезди. Ал бул суроону өзүнө кайра-кайра берип жатты. Анын тагдыры чечилгенге чейин буга жоопту табышы зарыл. Ал Дарияга сүрөттү сатып берди — албетте башкасын, — көркөм жана кымбат, эки ашык кичинекей парус кайыкта, Нил бойлой сүзүп баратканы чагылдырылган сүрөттү, бирок өзү «Акыркы соттун» берген коркунуч сезимдеринен кутула албай турду. Ал кадимкидей энесинин өз жашоосунда кабыл алган, бардык акылсыз жана өзүмчүл чечимдерди мүмкүн болуп турган кезде агымын өзгөртүшүн жана баарын жаңыдан башташын өтүнө айткан кошок ыйын уккандай болду. Бирок эменден башташ керек? Кимге кайрылат? Ал бир нерсени өзгөртүүгө даяр. Жашоосу башка нукка баратат. Кантип анын нугун бурат? Алар Далиянын батирине кайтып келишти, душта чайканышты, кийим которушуп аэропорттон алыс эмес «Мовенпик» мейманканасына жөнөштү. Анын кечки Лондон рейси алдында ал ага шам жарыгында кечки даамды дайындады. Далия төбөсү көккө жеткендей бактылуу болуп турду. Ал болсо өзүн көргө киргендей бактысыз сезип турду. — Кечээ кечинде Дина жана Мерват электрондук почта аркылуу мага кабар жиберишиптир, — деди Далия, — мен сага айтканды унутуп калыптырмын. — Аа, — деди ал, ооз тийилбей турган табагын караган бойдон. — Алар Нью-Йоркто эле экен, өздөрүнө батир табышыптыр. Дина айтат, келерки дем алышта кийим-кечелерине кайрылышат. Унчукпай туруп, анан ал кошумчалады: — Алардын кетип жатканына ишене албай турам. Мен мага жаңы кошуналарды табыш керек деп ойлойм. Мен өзүм бул ижараны төлөй албайм. — Ооба, — деди ал, эт кесимин чукулай. — Тарик, жакшы элесиңби? — сурады ал. — Ооба, баары жакшы, — деди ал, өзүнө үчүнчү чөйчөк шарапты куя. — Мага, сен кайдадыр алыста жүргөндөй туюлуп жатасың. Күндүзгүдөн башкачасың? Бул дем алыштардагыдай эмессиң. — Жок, — деди ал, — жөн эле… Ал үн катпай калды. — Жөн эле эмне? — сурады ал. Ал аны алдагысы келген жок. Ал анын жүрөгүнүн мурда болгондон да дагы оорураак болушун каалаган жок. Бул тууралуу ой мурда болуп көрбөгөндөй аны тынчсыздандырды. Дегинкиси, анын өмүрү бүтүндөй жалган эмеспи? Ал Тарик Жамил эмес. Брюсселден келген компьютерлер боюнча кеңешчиси да эмес. Каирде филиал ачууну караштырбайт, үй-бүлө курууга ниеттенбейт — ал жөнүндө анын билгендеринин бардыгы жалган. — Жөн эле мен сени сагынам, — деди ал, акыры анын жүзүнө карап. — Биз бирге болгон бул бир нече күн мага абдан жакшы болду. — Мага да, — аны колунан кармай. — Сен — өзгөчө кызсың. Далия жылмайды, бирок анын суроосу бир кыйла шектүү басыкта берилди: — Өзгөчөлүк «Мен сени менен көпкө бирге болгум келет» деген мааанидеби же «Көңүлдүү болду, бирок биз башка көрүшпөйбүз» деген маанидеби? — Өзгөчөлүк «Мен сени менен бир далай көпкө бирге болгум келет» деген мааниде, — деди ал, анын эки колун тең өзүнүн колуна алып. — Эртеге канчада кайтасың? — Мен түшкө жакын кайтып калышым керек. — Жакшы. Мен сени күтөм. — Сөз бересиңби? — сурады ал, анын колдорун кыса. — Сөз берем. 32 Тарик түндү Далиянын батиринде кечирди. Ижарага алган батиринин кожоюну жалдаган жыйноочулар менен усталар керели кечке иштешти, антсе да алардын кылган ишинин тыянактары көзгө да илинбейт. Дагы өтө көп иш калды. Андан сырткары, Далиянын батири бир кыйла кичирээк, жылуураак (анткени жылыткычтар анда иштегендиктен) жана жайлуурак. Терезелерде пардалар бар эле, а ашкана үстөлүндө ачык түстүү кумурада — жаңы гүлдөр. Керебеттерде таза шейшептер, чоң семиз жууркандар менен жаздыктар турат. Ар кайсы жерде ал болуп келген өлкөлөрдөн алынып келинген, көптөгөн майда-бараттар. Эң негизгиси, идиш-аяк жуулган, муздаткыч менен сүкөнчөдө тамак-аш бар, тилкенин көздөрү иштеп турат, эгер мындай маселе козголсо — бул жерде калуу маселеси пайдасына чечилмек. Тарик өзүнө кофе жасады, ашкана сандыгынан тапкан таттуу токочторду татты. Анан Далия тууралуу өзүнө толук элестетүүнү аракет кыла, анын буюмдарын каза баштады. Текчелерден, музыкалык борбордун жанынан, ал саркеч музыкалар дисктерин жана акыркы Мисир, Европа жана Америка тасмалары DVDсин көрдү. Бардыгы алфавит иретинде тизилип коюлган. Кийим эмерегинде жаңы кийимдер илинген, жаңы туфлилер турат, баркут кутучалар жасалгаларга толгон. Ал саркеч журналдардын таңгагын тапты: «Vogue» жана «Cosmopolitan». Ал акваланг жана суу алдында сүзүү үчүн түтүктүү чүмбөттү көрдү. Текчелерде эс алуучу жайлардын китепчелери — Жер Ортолуктан Каспий деңизине чейинки, ошондой эле Нагиб Махфуздун бардык романдары. Мындан сырткары, марихуанасы бар купуя катык таап алды да, бир чылым тартты. Ал издеген, маалыматты бере ала турган күндөлүктү да, жада калса үй-бүлөлүк сүрөттөрдү да таба албаганы аны таң калтырды. Далия Нур деген өзү ким? Кайдан келген? Кайда умтулат? Ал аны тартып турат, бирок ал жөнүндө өтө эле аз биле турганын түшүндү. Ал Иорданиянын кай бир жеринде өскөнүн билет, бирок кайсы жер экендигин билбейт. Ал 18 жашында үйдөн кетип калганын билет, бирок эмне үчүн экендигин билбейт. Ал Францияда кайсы бир коллежди бүтүргөнүн билет, бирок кайсыда, эмнени окуганын билбейт. Ал «Бритиш Эрвэйзге» жумушка дүйнөнү көрүшү үчүн жана бекер саякат мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүн киргенин билет. Анын 23 өлкөдө болуп келгенин жана эсеп боюнча үчүнчү дем алышын чүмбөттө сүзүү сонун болгон Австралияда өткөрүүгө үмүтү бар экендигин билет. Бирок ал жөнүндө башка эч нерсе билбейт. Балким, ал өзү да ага кандай болсо, ал да ага так ошондой табышмак бойдон кала берди. Жоопторду изилдөө менен Тарик керебеттин жанындагы сандыктын суурмасын ачып, андан Шарм-Эль-Шейх эс алуучу жайларына 2–3 күндүк эс алууну сунуштаган таңгак жарнама китепчелерин көрдү. Далия чындыгында эле саякатка кызыгат. А өзү болсо акыркы жолу качан кайда эс алганын эстей албай турду. Бирок Далия, дүйнөнү кыдыруу жана жашоонун толуктугунун даамын татуу оолуктурма ой толгоого байлангандай көрүнөт. Ал бир жерде олтура албайт. Анда бир нече бош күндөр пайда боло калганда, ал кандайдыр экзотикалык жайга жөнөйт. Эмне үчүн? Эмнеден ал качып жүрөт? Тарик үймөктү карап кирди. Анда «Хилтон» менен «Риц-Карлтондун», «Фор Сизонз»,«Марриотта» жана «Жоли Виллдин Мовенпигинин» проспектилери бар эле. Алдынан Далиянын колу менен жазылган үч кишилик номер наркы, мүмкүн боло турган күндөрү, ар кандай эс алуу жайлардын дурус жана начар жактары жөнүндө жазылган, «Бритиш Эрвэйздин» логотиби бар дептерчени тапты. Ал бардыгын ордуна салып жана бул табышмактуу кыз жөнүндө изилдөөнү уланткысы келген кезде, божомолдуу сапар күндөрү, акыркы белгилөөлөр жакынкы учурга — Ыйсанын туулган күнү менен Жаңы Жылдын ортосуна туура келе турганына көңүл бурду. Ал эмне үчүн Далия сапарды өзгөрткөнүн түшүндү, Дина жана Мерват көчүп кетишти, Шарм-Эль-Шейхтагы дем алышты айтпаганда да, эми ал батирге да мындан ары төлөй албайт. Тарик ойлонуп калды: А эгер… Далиянын кайткан күнүнө план түзүлгөн эле, билеттер сатылып алынган, кол сандыктар таңылган, бардыгы — суу алдында сүзүү шаймандарына чейин таксинин жүк салгычына жүктөлгөн. Тарик аны кире бериште гүл десте менен күтүп турду. Кыз ишене албай турду. Алар экөө Шармга баратабы? Чынбы? Түз эле азырбы? Бардыгы төлөнгөнбү? Бирок ал кайдан билди? Ал мунун баарын кантип ушунча ыкчамдык менен уюштура алды? Ал кандай жолдуу, так ушундай адамга ашык болгону! Тарик алар Синай жарым аралына рейске олтурушканда, анын бардык соболдоруна жооп берди. Анын кубанычы менен айран таң калганы аны кубандырды. Өмүрүндө эч качан Тарик күтүлбөгөн сезим толкундарына алдырган эмес, бирок ал азыр өзүн керемет сезип турду, бул башталышы гана экенине үмүттөндү. Каирден кетүү — жакшы себеп. Күн, кум жана деңиз шарпылдагы — жагымсыз жагдайларынан алаксышы үчүн ага так ушу керек эле. Далия менен болушунча көп убакыт өткөзүүнү каалап жатты. — Сен абдан жоомарт экенсиң, — акыры айтты Далия. — Бирок эмне үчүн сен муну кылганыңды баары бир түшүнбөйм. — Мен сени сагындым, — деди ал. Учак конууга киришти. Анын колун кысып, Далия ага ыкталды. — Чын элеби? — жылмайа сурады ал. — Чын эле, — жооп берди ал. — Каирдеги сенин батириң жакшы, бирок ал жерде сенсиз суз. Сенин күн барагыңды таап алып, жакынкы бир нече күндөрдө сен дем ала турганыңды көрдүм. Жөн тура албадым. Бардыгын өзүм ойлоштурганым мен тараптан өтө эле бетпаксыздык болбоду деп үмүттөнөм. — Албетте, болду, — деп жооп берди ал. — Мен буга абдан кубанычтамын. 33 Алар «Риц-Карлтон» отелинде жайланышып, жаш жубайлардай эки күн өткөзүштү. Алар жайбаракат турушуп, таңкы тамакты төшөктө татышты, жасалма көлмө алдында күнгө күйүштү. Күндүз Кызыл деңизде сүзүштү, а кечинде асемдүү ресторандарга барышты. Номерге кайтышары менен ооздукталбаган кумарга батышты. Күндүзгү убакта температура отуздун тегерегинде кармалды, түндүктөн жеңил жел согуп турду. Түндөсү ал он бештен төмөн түшпөдү. Эч кандай булуттар, жамгыр, убадалар, телефон чалуулар, электрондук почта аркылуу билдирүүлөр жок. Мындан артык болбойт, Тарик мунун эч качан бүтпөшүн каалап турду. Үчүнчү күнү эрте туруп, таңкы чуркоого камынды. Монте-Карлодо алган жарааттарынан ал тынып калган эле. Күчтөр кыйшаюусуз калыбына келе баштады. Ал күлө алат. Душта обон созот. Ал сүйүүгө мас эле — анда өзүн булут үстүндөгүдөй сезгенине башка түшүндүрмө жок. Тарик эч качан эч ким менен мындайды баштан өткөрбөгөн — жада калса Рания менен да. Анда ага өзгөчө сезимдер калып калды, ал аларды түбөлүккө сактайм деп ойлоду. Бирок ал эч качан анын сезимине ушундай, Далиядай жооп кылган эмес. Далия анын өзүн каалады. Ал ага керек болчу. Аны менен өзүн өзгөчө сезет. Ал аны сүйүп калды, мунун бардыгы ушунчалык бат болду. 4 миль жээк бойлой чуркап, Тарик «Рицке» кайтты да, мүмкүн болушунча акырын бөлмөгө кирди. Далия дагы эле уйкуда. Ал периштеге окшош эле — анда мол сулуулук жана бейпилдик бар. Балким мунун баары анын түшү чыгаар. Ал душка түшүп, анан кийинди. Бүгүн көзгө урунаарлык жерлерди көрсө же дүкөндөрдү кыдырса болот. Балким, алар шайтан арабада сайрандашат же пара-сейлинг менен алектенишет. Ага баары бир. Алар селки эмнени кааласа баарын кылышат, болгону бирге гана болсо болду. — Кайырлуу таң, — назик айтты Далия, ал жуунучу бөлмөдөн чыкканда. — Кайырлуу таң, — жооп берди ал, аны өбө. — Көңүлүң кандай? — Эң сонун, — деди ал, — ачка болдум. — Мен дагы, — деди ал. — Сен чайканып чыккандан кийин биз таңкы даамга түшөбүз да, эмне менен алек болоорубузду ойлонуштурабыз. — Болуптур, — деди ал жана жуунучу бөлмөнүн эшигин жабаардын алдында дагы бир өбүүнү талап кылды. Ал чыкканга чейин Тарик бөлмөнү жыйыштырып кирди. Ал балкондо кургаган Далиянын буюмдарын жыйнап, аларды кол сандыкка салды. Керебет алдынан ал анын ачкычын, телефонун тапты. Аларды анын кол баштыкчасына салганы жатканда, тыяктан бир нече каттар түшүп кетти. Негизинен булар төлөнбөгөн эсеп дүмүрчөктөр эле. Бирок конверттердин бири көңүлүн бурдурду. Бул бир жума мурун жөнөтүлгөн Иордан маркасы чапталган кат эле. Ал кат ачык болгондуктан аны окубай коюуга туруштук бериши кыйын. Окуп чыккан нерсеси анын эсин эки оодарды. Менин сүйүктүү кызым Далия, Жакында жазган катың үчүн сага рахмат. Сен эми Камил менен жолугушпай калганынды угуп, энең экөөбүз кандай кубанганыбызды сага сөз менен жеткире албайм. Сен билесиң, биз анын жашоо жолун — баңги заттар, ичимдик, түнкү кечелерин колдогон жокпуз. Биз сени мындай адамга турмушка чыгышың үчүн өстүргөн эмеспиз. Ал машайакчы эмес жана ал тургай жакшы же олуттуу адам да эмес. Биз сенин андан ажырап, өз жашооңдун жаңы барактарын баштаганыңа кубанычтабыз. Биз сен үчүн сени сүйгөн жана өмүр бою сага кам көргөн, жакшы, такыбаа адамды табышыбызга даярсыңбы? Жусуп тууралуу кандай ойлойсуң? Бир ай мурун аны өзүмө койчунун жардамчысы кылып алганымды сен билесиңби? Ал жыйында эң жакшы кызмат кылат — балдар үчүн библиялык сабактарды, жекшембилик мектепти жана жаштар тобун алып барат. Мен анын азыркыга чейин сенде көңүлү бар деп ойлойм. Сага чалыш үчүн, ага телефон номериңди берсек болобу? Биз энең экөөбүз кандай ыраазы болоор элек. Үйгө качан келесиң? Биз сени абдан көргүбүз келет. Сен Жусуп менен да жолугат элең. Сени менен жээндериң, бөлөлөрүң да жолуккусу келет. Мен дагы. Суранам, жазып тур. Сени жанындай жакшы көргөн атаң. Кат Иордандын түштүгүндөгү кичинекей шаарчанын почта дареги көрсөтүлгөн «Питер Байбл Черч» жыйынынын кагазына тыкан басылган эле. Тарик айран-таң болду. Бул эмнени билдирет? Далия — машайакчыбы? Анын атасы — койчубу? Бул кандай? Баш катырма. Далия ичимдик ичет. Баңги заттарын тартат. Алар үйлөнүшө элек болсо да, аны менен жатат. Ал айкаш жыгач тагынып жүргөн жок. Анын Библиясы жок. Ал баам-дагандай, ал так эле анын өзүндөй адашкан жан. Тарик үчүн дин эч качан эч кандай маңызы жок эле. Бирок ал машайакчы үй-бүлөдө тарбияланган эмес. Эмне үчүн Далия мындай маанилүү нерсени андан жашырган? Калим деген ким? А Жусупчу? Эмне болуп жатат? Дагы эмнени ал андан жашырып жатат? А өзүчү, эч нерсени андан жашырып жаткан жокпу? 34 Анын спутник телефону чырылдап жатканда, Тарик катты изилдеп олтурган. Ал дүрт этип алды да, номерге карады, иниси чалып жатат. — Салам, Рами, — деди ал. — Марван сен кайдасың? — деди ачуулана Рами. — Мен канча күндөн бери чалып жатам. Тирүү калган эмес го деп корко баштадым эле. — Менде баары жакшы, — жай айтты Тарик. — Жөн эле… мен…колум бошобой… А эмне? Бир деме болдубу? — Кол бошобой? — сурады Рами. — Эмне менен? — Мунун сага тиешеси жок. — Сен эмне, жинди болдуңбу, Марван? — сурады Рами. — Мен сенин тирүү калышыңа, эркиндикте болушуңа жардам бериш үчүн башымды тобокелге коюп жатам, а сен бир нече күнгө жоголосуң да, азыр мунун мага тиешеси жок деп билдиргенге бетиң чымыраган жокпу?! — Сеники туура, — деди Тарик, үнү ал актанып жаткандай чыкпашы үчүн аракет кыла. — Кечирип кой. — Сен чын жүрөгүңдөн айтып жатасың деп үмүттөнөм, — жооп берди Рами. Ал жинденип турган, бирок өзүн карманганга тырышты. — Сен дайынсыз болгондон баштап көп нерсе болуп өттү. Жакынкы рейсте мен Багдаддан артка Бейрутка учам. Монте-Карлонун прокурору мага инспектор Годдар менен сүйлөшүүгө чакыруу кат жазып берип жатат. Созулган тыным коштоду, бул али баары эле эмес экендигин Тарик түшүндү. Акыры Рами айтты: — Эмне үчүн мага Раниянын Касаблангака көчүп кеткенин айткан жоксуң? Тарик абдан таң калды, — муну ал кайдан билди? — Түшүнбөйм… — Токтотчу, Марван. Мен билем, сен ал жерде болгонсуң. Эмне үчүн экенин билгим келет? Сен эч кандай досторсуз, эч кандай тааныш жерлерсиз жашырынып кала турганыңды айткансың. Сөз бергенсиң. — Кайда бараарымды билбедим, — ал мойнуна алды. — Мага анын жардамы керек болду. — Эмне үчүн? — Рами жоопту талап кылганын улантты. — Анткени мага ок атышты. Мына ошого. Ыраазысыңбы? Монте-Карлодо киши өлтүргүчтөрдүн бири мени жарадар кылды, мен ал жерде да, Францияда да ооруканага кайрыла албадым. Артымдан ким аңдып жатканын билген жокмун. Кимге ишенип таянаарымды билбедим. Ранияга баргандан башка эч нерсе ойлоп таба албадым. Ошентип аныкына келдим. Ал мага жардам көрсөтүп, анан менин ал жерден жоголушумду айтты, мына ошондуктан мен мындамын. — Бул акылсыз катачылык, Марван, — деди Рами. — Сеники туура чыгар, — ал макул болду, — бирок баары жайында эле эмеспи? — Жок. — Рания тирүү эмес. Тарик жүрөк талуусуна сокку жегендей эле болду. — Эмне… Кантип? — Эси учту. Деми чыкпай калды. Кантип эле ушундай болсун? — Полиция Касабланкадагы батирден анын өлүгүн тапкан. Аны менен чогуу турган курбусунун денесин да, — түшүндүрдү Рами. — Экөөнө тең бир нече иреттен ок атышкан. Мындай болушу мүмкүн эмес. Ал анда болгон. Рания аны бооруна кыскан. — Инспектор Годдар мага мекеменин телефонуна кабар калтырыптыр, — деди Рами. Ошодон билдим. Ал кылмыш ордунда сенин бармак тактарың толтура экендигин айтат. Анын керебетиндеги жаздыгынан сенин чачтарыңды табышкан. Сени жакындан көргөн, кошуна турган дүкөндүн ээси сени тааныган. Андан бир канча чакырым ара-лыкта сенин унааңды табышкан. Лемье сени өлтүрдү деп тастыктап, сени кармоого буйрук чыгарган. Годдар айтат, эгер сенде түшүндүрүүчү себеп болсо, жакшысы азыр кол көтөрүп келип, болгонун айтсын, болбосо сага эч ким жар-дам бере албайт. Тарик эч нерсе уккусу келбеди. Ага абдан кыйын болду. Ал бир шектенип, бир кыжырланып, тутканы жара чапкан-га даяр турду. Мына ошондо Рами айтты: — Корконум, бул эле эмес. Мындан да жаманы бар. — Эмне…? — өзүн зордоду Тарик. — Мындан да жаман эмне болушу мүмкүн? — Лемье менен Годдар сенин Мисирде экениңди билишет. — Эмне!? — Кайдан деп менден сурабай эле кой, — деди Рами. — Годдар мага айткысы келген жок. Алар Лемье экөө ал жакта. Сүрөтүң Каирдин ар бир полициясында бар, эгер сен тынчтык менен колго түшүп бербей турган болсоң, аларга сени атууга уруксат берилген. — Бирок Ранияны мен өлтүргөн жокмун, — деди Тарик. — Өлүп кетейин. — Билем, — деди Рами. — Курбусун да мен өлтүргөн жокмун, — улантты Тарик. — Муну Клодеттин кишилери кылары бышык. — Мен да ошентип ойлойм, эми эле Бразилияга дагы кишилерди жибердим. Сан-Паулодо эми ал жоктур деп ойлоп жатам. Ал тоодо болушу мүмкүн. Бирок аны жана аны менен тили биргелерди табабыз. Мен сага сөз берем. Бирок буга сенде жок болгон убакыт керек. Сен көз ачып жумгуча жер жуткандай жоголушуң керек. Тарик жашаган акыркы бир нече күндөрдөгү түш кайып болуп кетти. Коркунучтуу түш кайтып келди. Ал кайрадан качышы керек. Макул болуу канчалык жан кейиштүү болбосун, баары бир Рами туура айтат. Эгер Клодетт Рэмзи жиберген канкорлор Мароккодо Ранияны табышса, аны Мисирден да табышат. Алар ал жасабаган өлүм кылмыштарына аны айыпкер кылып көрсөтүштү. Алар Европа, Түндүк Африканын бүт полициясын ага каршы тукурушту. Каирдей болгон ушундай чоң шаарда да жашырына албайт. Бирок ал Далияны да таштап кое албайт. Ал аны сүйүп калбашы керектигин билген, бирок эми кеч болуп калды. Ал өзүн кармай албады. Эгер ага бир нерсе боло турган болсо, анда ал өзүн эч качан кечире албайт. 35 Далия ачык-көк жалжак көйнөк менен ага түспөлдөш туфлиде жуунучу бөлмөдөн чыгып келди. Адаттагыдай эле ал келишип гана турду, бирок Тариктин санаасы башкада эле. Аны Далиянын атасынын бул каты кабатырлантты, а эми болсо Раминин телефон чалуусу. Эмне кылыш керек? Кайда барат? Кайсы бир деңгээлде Далияга баарын — өзүнүн ким экенин, эмне менен күн көрө турганын, эмнеге качып жүргөнүн, аны кимдер кууп баратканын төкпөй-чачпай айтканга даяр да турду. Мындай кылуу чынчылдык болоор. Бирок бул дурус болоор беле? Ал бул оюнан баш тартты. Ал канчалык аз билсе, ошончо жакшы жана ал үчүн коопсуз деп чечим чыгарды. Эгер аны чын эле сүйсө, көзгө атаарлар, мина байланган унаалар, кайсы маал болбосун бурчтан канкорлордун чыга калаары тууралу айтып чочутуу кур бекер. Балким, бул чынчылдык болоор, бирок адилеттик болмок эмес деп ойлоду. Тарик саатка карады. Ал токтоосуз иш-аракет жолун түзүшү керек. Бирок ал бир нерсе айтканга чейин, Далия анын колундагы катты көрүп калды. — Бул эмне? — ал жооп талап кылды. — Муну кайдан алдың? Тарик бир нерсе айтууга аракет кылды, бирок ал аны бөлө салды: — Бул — атамдан келген катпы? Аны баштыкчамдан алдыңбы? Буга кантип бардың? Тарик мындай буркан-шаркандан оозундагы сөзүн качырды, түшүндүрүүгө аракет жасады: — Жөн эле бөлмөнү жыйнаштырып жаткам, анан бул колго урунду. Бул эмне экендигин билген эмесмин. Далия катты анын колунан жулуп алды. Ал анын эч качан мындайын көргөн эмес. Ал кызарып, колдору титиреп чыкты. — Сен аны окудуңбу? — сурады кыз. — Окуган жокмун деп карганчы. — Айтып жатпаймынбы, — булдурады ал, — бул эмне экенин билген эмесмин. А сен чын эле машайакчысыңбы? Чын эле атаң койчубу? — Сенин ишиң канча! — кыйкырды ал, катты мыкчып, эшикти артынан тарс жаап, жуунуучу бөлмөгө чуркап кетти. — Эмне болду? — ал сурады, окуянын мындай өрчүгөнүнө айласы куруп. — Эмне болду? Ии, атаңдын катын окудум. Эмне болуптур? — Окуганга сенин акың жок болчу! — эшиктин ичинен кыйкырды Далия. Эми ыйлап баштады. — Менин оокаттарымды аңтар-теңтер кылганга акың жок эле, Тарик Жамил! Мени соттогонго акың жок! Сен мени угуп жатасыңбы? Укугуң жок. — Эмне деп жатасың? — сурады ал, эшикке келип, бирок ал ичинен бекитилген эле. — Мен аңтарган жокмун, мен сени соттобойм. Эмнеге сени соттомок элем? Мага жөн эле кызыктуу болду, болгону ушу. Кел эми, Далия, токтот, ач эшикти. — Жок, — кыйкырды ал. — Кет! — Кетпейм, — болушунча салмактуурак, токтоорок кылып жооп кайтарды Тарик. –Мен сени сүйөм жана сен жөнүндө баарын билгим келет. Ата-энеңди билгим келет. Ишенимиңди, ал кандай гана болбосун билгим келет. Сен сүйлөшүп жүргөн жигитти, эмнеге айрылышканыңарды. Мен бүт баарын билгим келет. Тарик анын ыйлабай калганын укту. Ал эшикти түртүп көрдү, бирок ал жабык болчу. Анын жүрөгүнөн орун алган кызга эмне болуп жатканын түшүнө албай, эшик жанындагы жерге олтура кетти. — Далия, өтүнөм, мени кечир, — деди ал, жагдай үстүнөн ой жүгүртө. — Мен чындап эле өкүнүп турам. Катты кокустан эле таап алдым, өлүп кетейин, бирок сеники туура, мен аны окубашым керек болчу. Бирок мага ишен, сени таарынтайын деген эмесмин. Бул сени капа кылат деп ойлогон эмесмин. Ортобузда болгондун баарын, мына ушул нерсе бузушуна жол бербейбиз. Ал суранды — бул ал үчүн адаттан сырткары нерсе. Бирок, көрүнүп тургандай, өз максатына жетүү колдон келди — Далия ыйлабай калды, мурдун гана шорулдатып тартып жатты, жай дем ала баштады. — Мен эмне кылышым керек? — сурады Тарик. — Айтып эле кой, мен орундатам. Бир нече мүнөттөн кийин эшик кыйкайды. — Мени караба, — деди ал, мурдун шорулдата. — Көзүңдү жум. Кебетем келишип турат. — Карабай кое албайм, — деди ал, көздөрүн жумган бойдон. Эшиктин ачылганын ал укту. — Айткандарыңдын баары — чынбы? — тыныгуудан кийин кыз сурады. — Ооба, баары, — ал жооп берди. — Сен чын эле мени сүйөсүңбү? — Ооба, мен сени абдан сүйөм. Болбосо эмнеге сени ала качып, мына бул бейишке алып келмек элем? Тарик ушул оозунан чыкканына ишене албай турду. Ал бул кызды жакшы деле тааныбайт. Тиги аны жакшы тааныбайт. Ал турмуш куруу жолунда жүрө албайт. Бирок бул кызда, ал каршы тура албаган, колдон чыгарууга ага жол бербеген, бир эпкин бар эле. — Билбейм, — деп ал жай айтты. — Мен муну түшүнүүгө аракет кылып жатам. — Демек, сен мени кечирдиңби? — сурады ал. Ал унчукпады. — Бул нерседе да түшүнүүгө аракеттенип жатам. Ал анын жанына муздак кафелдүү полго олтурду да, аны колдон алып, көздөрүнөн өөп кирди. Акыры ал анын ага карашына уруксат берди. Көздөрү кызарган, көзгө койгон боектору жайыла сүйкөлгөн. Бирок Тарик үчүн кыз мурдагыдан да келишимдүүрөк эле. Ал дагы эле эмнеге Далия ушундай кылганын түшүнбөй турду. Бирок, акыр аягында, бул кандай мааниге ээ? Эгер ага бир нерсе чечим чыгарыш керек болсо, муну тез арада кылышы керек. Убактысы жок. Ал Лемье, Годдар жана Мисирдин полициясы изин таап, чегинүүгө жолду бөгөп салгычакты, Шармдан чыгып кетиш керек. Бирок муну кантип кылат? 36 Далия марихуандан болгон чылымды тартып, бирөөсүн Тарикке сунду. — Бул көйгөйдү жөнгө салуу ыкмасыбы? — деп сурады ал, абалдан кандай чыгуу айласын издей. Кыз башын ийкеп, соро тартты. Кыз тараптан сунушталган тынчтык келишимин кабыл алып, ал дагы сорду. Алар бир канча мүнөт түтүндө үн катпай олтурушту, ал суроо салды: — Сага бир суроо берсем болобу? — Болот деп ойлойм. — Эмнеге мынча опколжуп кеттиң? Далия ийнин куушуруп, көзүн башка жакка бурду. — Билбейм. — Жок, билесиң, — деди ал. Далия дагы бир сорду. — Мага оңтойсуз болду деп ойлойм. — Эмне үчүн? — сурады Тарик. — Сен мени машайакчы деп ойломоксуң, бирок бул андай эмес. Менин үй-бүлөм — машайакчылар, бирок мен андай эмесмин. Кичине кезимде жөн эле машайакчынын ролун ойногом. Бирок мен эч качан ата-энем ишенген нерсеге ишенген эмесмин. Алардан кеткен себебимдин бири ушул. — Бул качан болгон? — Көп болду, — деди ал. — Балким, колледжге окууга кеткенимде болсо керек. — Ошондон бери кайткан жоксуң. — Ооба. — Үй-бүлөңдү, досторуңду, шаарыңды сагынасыңбы? — Дегинкиси, ооба, — ойлонуп жооп берди. — Анда эмнеге ал жакка барып келүүгө болбосун? Далия үшкүрүндү. — Анткени, менин атам — катаал адам. — Катаал? — Ал бардык диний эрежелерди карманат, бул анын жашоо жолу. Мен андай жашагым келбейт деп чечим чыгардым, анан кылчайбай кете бердим. — Ал кандай деген эрежелер? — Айырмасы кайсы? — Далия шыр тура калды, уктоочу бөлмөгө барып, керебетке кулады. — Кездешүүгө барса болбойт, ичсе, баңги заттарды колдонсо болбойт, тиги болбойт, бул болбойт, муну кылыш керек, тигини кылыш керек… — А сен кандай ойлодуң эле? — сурады Тарик. Ал да керебетке жатты да, шыптагы жел айдагычты карап калды. — Ал — ата. Аталар өз кыздарын коргош керек эмеспи? — Эй, — деди Далия. — Сен ким тараптасың? — Уксаң, кыздуу болгонуңда, сен эмне, кызыңа ичүүгө, чегүүгө жана мага окшогон немелерге кезигишкенге уруксат бересиңби? Далия ага оодарылып жылмайды: — Ии, балким, сендейлер менен жүрүүгө уруксат бербейм. Тарик дагы жылмайды. Башындагы ой бышты. — Демек, атаң — ыйык кызматчыбы? — сурады ал. — Ии, ооба, ал — койчу, — жооп берди ал. — А айырмасы барбы? — Мындай караганда жок деле. — Ал жыйынды жетектейт, элдерге Ыйса жөнүндө айтат, жардыларга кам көрөт, ушуга окшогондорбу? Ал көңүлдөнбөй баш ийкеди. — Ошондой. — А «Петр Байбл Черч» деген эмнеси? — Бул мен өскөн жыйын. Мен төрөлгөнгө чейин эле атам ал жерде койчу болгон. — Ал жыйын чоңбу? Далия ийнин куушурду. — Ал өсүп жатат. Кичине кезимде, анда 30-40 киши бар болчу, балдар дээрлик жок эле. А азыр, менин билишимче, анда 150 адам, негизинен үй-бүлөлүүлөр, жаш жубайлар жана көп балдар бар. — Мына ошол жерде бул Калим менен таанышкансыңбы? — Жок, — ал баш чайкады. — А кайдан? — Коллежде, экинчи курста. Кыздар менен дем алышта Парижге барганбыз. Кафеден таанышып калдык. — Ии? — Эмне, ии? Мен ага жагып калдым, ал мага жакты. Кездеше баштадык, бирок мындан майнап чыккан жок. Болбогон нерсе. — Бирок атаң үчүн бул болбогон нерсе эмес, — белгиледи Тарик. — Атам аны жек көрчү, — жооп берди ал. Ойлонуп туруп, ал тастыктады, — эми, жек көргөн жок. Атам эч качан эч кимди жек көрө албайт. Бирок ал ачык эле аны колдогон жок. — Эмне үчүн? — Анткени Калим машайакчы эмес. Дегинкиси, ал эч ким эмес. Дин аны кызыктырбайт. Бирок ал атама ылайык келбейт. Өтө кичинекей кезимде эле, ал мага айткан, машайкчыга гана күйөөгө чыгышым керек, болду, чекит. — Эмнеге Калим менен жолугуп жүрдүң? — Атамдын айтпаган нерсеси барбы! — жооп берди Далия кычап. — Мен өзүм кимге кааласам, ошого күйөөгө чыгам, бул атама жагабы же жакпайбы, мага баары бир. Бул — анын эмес, менин жашоом. Кимге күйөөгө чыгам, анын тиешеси жок, деги өзү чыгамбы. Дагы, мен анын жол жобосу менен жүрбөгөндүгүм үчүн, мени соттошун каалабайм… Болдучу, атам жана мурунку жигитимден көрө, мындан башка кызыктуурак нерсени сүйлөшөлүчү? — Макул, — жооп берди Тари, ойлогон ою ишке ашып калаарына, кудуңдай. — Тамактангың келеби? — Ачкадан өлүп баратам, — деди ал. — Бул жакшы, мен дагы, — деди ал. — Ылдый түшөлү да, таңкы даамдан таталы. Мындан сырткары, менин сага белегим бар. Далиянын көздөрү жайнай түштү. — Чын элеби? — сурады ал. — Кандай? — Анан көрөсүң,— жооп айтты Тарик. Ар нерсенин өз убагы болот. 37 Мароккодогу иш аягына чыкты. Лемье менен Годдар Каирге келип, аэропорттун коопсуздукту камсыз кылуунун башкаруучусу менен жолугушушту. Бир нече саат алар Марван Аккаддын ырасында эле Каирде болгонуна далил табууга үмүттөнө, байкоо камера жазуусун карап чыгышты, учкан-конгондордун компьютер маалыматтарын казышты. Иликтөөнү тиги, чындыка куюлушар, Марван, Жек Карделл деген ат менен сапарга чыккан эмес деген далил чаташтырды. А анда кайсыл? Мейли, эгер ал Мисирге келген болсо, дагы эле ал мындабы? Лемье өзү айткандай, ички туюмуна баш ийүү менен, өз кишилерин Александрияга, Абу-Дабиге жана Эль-Кувейтке жөнөттү. Бирок ал Марвандын Каирге келгенине толук ишенген, ошондуктан изилдөөнү биринчи кезекте мында жүргүзүшү керек. Годдардын телефону чырылдады. Бул Дюваль эле, ал дароо тутканы көтөрдү. — Колетт, сенде бир нерсе барбы? — Бар деп ойлоп турам, сэр, — деди Дюваль. — Бул мүмкүн маанилүүдүр. — Марванды таптыңбы? — Жок деп коркуп турам. — Анда эмне? — Годдар аны шаштырды. — Рафик Рэмзинин батириндеги камера жазыгы эсиңиздеби? — Ооба. — Эсиңиздеби, Марван Рэмзиге чоң конверттен сууруп чыккан бир нерсени көрсөтүп жаткан? — Эсимде, — деди Годдар. — Кандайдып-бир сүрөттү. — Так ошол. — Анан эмне? — Биздин адистер менен акыры бул элести чоңойтуу оңунан чыкты. Эмнени экендигин таап көрүңүзчү. — Анан, — Годдар аны шаштырды. Бир сааттан аз убакыттан кийин ал Бейрутка Рами Аккад менен сүйлөшүүгө учканы турат. Анын табышмак жандырууга убактысы жок. — Бул Клодетт Рэмзи, — деди Дюваль. — Ал Бразилияда, Сан-Пауло банкында байкоо камерасында тартылган. Годдар таң калды. Тили күрмөөгө келбей калды. Кечирим сурай, кеңседен чыкты, бул жаңылыкты Лемьенин кийлигишүүсүз өзүнчө аш кылышы керек эле, сөздү узун залда улантты. — Клодетт Рэмзи? — сурады ал, жалгыз калганда. — Бул так маалыматпы? — Кынтыксыз, — деди Дюваль. — Сүрөттө убактысы жана күнү, ошондой эле дубалдагы банктын логотиби мырзайым Рэмзинин түз эле ийин артынан кошо алынган. Мен майда-чүйдөсүн сизге электрондук почта аркылуу жөнөттүм. Годдар дагы эле ишене албай турду. Бул чындыгында эле өтө маанилүү, бирок бул эмнени билдирет? Ал элестеткен да жок эле, бул суроону ой жүгүртүүгө убактысы көбүрөөк болгон, Дювалга бере салды. — Мен билбейм, сэр, — моюнга алды ал. — Мен да сиз сыяктуу айраң таңмын. — Кантсе да, сен бул эмнени билдире алат деп ойлойсуң? — деди Годдар айтканында туруп. — Жок эле дегенеде, кандайдыр-бир божомолдоруң бардыр? — Эми, бул, Марванга мырзайым Рэмзинин кайда экени маалымдыгын далилдейт, мындан, ал Рафик Рэмзиден акча өндүрүүдө байланышы бардыгы келип чыгат. Болбосо Аккад мырзада бул сүрөт кайдан болмок эле? — Эми эмне болушу мүмкүн, — деди Годдар, маалыматты ойлонуп чыга. — Бирок, мына бул бүтүмдө кандайдыр келишпестик бар. — Кандай? — Кандай? — ойлонду Годдар. — Ооба, кандай? — Ал аэропорттун залына чыкты. Ага ойлонушу жана инспектор Лемьеден обочороок болушу керек эле. Бул из эле жана да маанилүү из болчу, — Годдардын аны чечмелеп көргүсү жана Арбак ал тууралуу билип, кийлигишкенге чейин, анын маңызын түшүнгүсү келди. Гезит дүкөнчөсүнүн алдына токтой калып, гезитте жазылган темалардын аттарын карап чыга баштады. Эртең таң атаары менен алардын биринчи беттеринде Марван Аккаддын сүрөтү болот, ошондой эле Монакодон Мароккого чейин созулган кандуу из окуясы жана азыр кайнаган жери Каир болгон, эл аралык изилдөө күчүн топтогон баяны чыгат. 24 сааттан кийин Мисирдеги бүт эл бул жөнүндө билишет, Марван кача турган жер жок болуп калат. Годдар бир чыны кофе заказ кылып, залда кадам санай басыгын улады. — Колет, — деди акыры ал, — эгер Марван Аккад чындыгында эле Клодетт Рэмзини уурдоого кийлигишкен болсо, эмнеге Рафик Рэмзиге батирине келип, аны менен бетме бет жолукмак эле? Өзүн жана жана бүт операцияны эмнеге тобокелге салмак эле? Жада калса Марван ушунчалык акылсыз болуп, араб дүйнөсүндөгү кудурети күчтүү жана эң бардар адамдардын бири менен тирешип жатса (бирок ал мага акылсыздай көрүнбөйт), анда ал кантип анын көз алдында тигини өлтүрүүгө жол берди? Узакка созулган үн какпоодон кийин Дюваль айтты: — Балким, өзүн актай турган далил камдоо үчүндүр? — Балким, — макул болду, — а мина байланган унаачы? Аз жерден өлүп кала жаздады. А ким Монте-Карлодо «Меридьенде» аны өлтүрмөк болду? Эгер Марван ырасында эле уурдоодо, кун өндүрүү менен өлтүрүүдө тиешеси бар болсо, мунун баарынын жандырмагы жок. — Сиздики ырас, сэр, — моюн сунду Дюваль. — Анда эмне үчүн мырзайым Рэмзинин сүрөтү Марванда болгон? А Касабланкада ал өлтүргөн эки аялчы? — Өлтүргөн деп күмөнсүрөшөт, — тактады Годдар. — Бирок, сэр, Рания Фаваздын батиринен бүт анын бармак тактары табылган, — деди Дюваль. — Анын анда болгонун шексиз. Далилдер төгүнгө чыккыс. Мындан сырткары, батирде дагы кимдир бирөөнүн болгонуна, маалымат жок. Муну кандай түшүндүрөсүз? Марван Аккадды мына бул эки өлүмдө айыптуу экенинен башка кандай тыянак чыгарса болот? 38 «Риц Карлтон» мейманканасынын секичесинен Кызыл деңиздин көрүнүшү ачылып турат. Курма дарагынын көлөкөсүндө эки кишилик үстөл четинде Марван Аккад олтурду (же Тарик Жамил). Ага кафетериянын кезегинде турган Далия Нур келип кошулушу керек эле. Үстөл үстүндө куймак, жемиштер, бир чөйчөк апельсин шире жана кара кофе турду, бирок ал даам тууралуу ойлой албады. Анын ойлору баш аламан эле. Жүрөгү алып учуп турду. Эгер ойлогон оюу ишке ашпай турган болсо (а оңунан чыгары эң башынан эле көп күмөндүү), түр чарасы жана убактысы жокко эсе. Ал дарбыз тилигин сайып алды, бирок тыбырчыктап, аны ашагыдай абалы жок эле. — Сэр, — ал тейлөөчүнү чакырды, — мунун ордуна мага кофеинсиз кофе бериңизчи? — Албетте, сэр, — жооп берди тиги, Тариктин чынысын алып кетип, башкасын, күчү төмөнүрөөк суусундукту алып келип берди. — Алыңыз. Тарик сүт менен кантты кошту. Далия жакын келди. Ал вафлини кулпунай жана чалынган каймак-сүт менен алып келди. Жигит ордунан туруп, ага сымбатына жана тандаган тамагына жылуу сөз айта, олтуругчту жылдырып берди. Ал чын жүрөгүнөн билдирди, бирок убакытты алдырып жатканына ынанып турду. Бирок кандай гана апкаарыбасын, кийинкиге калтырууга мүмкүн эмес. Ал өз ордуна кайтып барган жок, а анын алдына тизе бүгүп тура калып, аны колдон алды. — Тарик, сен эмне кылып жатасың? — сурады ал, ыңгайсыз боло. — Кел, таңкы даамыңды же. Сени ачка болду деп ойлогом. — Ооба, — деди ал, — бирок, бул тамактан да маанилүүрөөк. Далия тамаша менен жооп кылайын деген, бирок ал тиги азыр ачкан, анын колундагы бархат кутучаны көрүп калды. Анда ал өмүрүндө бир көрүүгө туура келген, эң сонун жана кымбат баалуу бриллиант шакек бар эле. Анын жүзүндө так Тарик күткөн нерсе — таңыркоо жана кубаныч турду. Бир канча ай мурун да муну Раниянын жүзүнөн көрүүгө үмүттөнгөн, бирок анда тилектер орундалаар жазмышы жок эле. Алар бүгүн орундалышы керек. — Далия, — тизгинге кирбеген тил менен сүйлөй баштады, — түшүнөм, аз убакыт өттү. Бирок мен өз жашоомдо кимдир-бирөөнү сүйгөн болсом, сени ошодон артыкча сүйөм. Мен так ушинтип бирөөнү сүйүп калам деп ойлогон эмесмин. Билем, бул өтө ашыккандай көрүнүшү мүмкүн. Чындыгында, ошондой деле болушу мүмкүн. Бирок бир нерседе ишенип турсаң бул маанилүү деле эмес, а мен калган бүт өмүрүмдү сени менен өткөрүүнү каалай турганыма ишенем. Мен сени дүйнөдөгү эң бактылуу аял кылгым келет. Эгер мага күйөөгө чыгууга макул болсоң, сен мени эң бактылуу адам кылаарыңды билем. Далия Нур мага турмушка чыгасыңбы? Далия таңкы күндүн нуруна жаркылдап турган бриллиантты карап турду. — Тарик, мен… эмне айтышты билбейм, — тыбырчылай үн какты ал. — Бул чынында эле бат. Сен жөн эле менин үй-бүлөм тууралуу сурап койсоң, эми эле мен сага атырыла кеттим, мен сага одоно мамиле жасап жүрдүм. Эмне үчүн сен мендей аялга үйлөнгүң келет? — Анткени, сен — менин тагдырымсың, — эркелете айтты ал, — так сени менен түбөлүккө болуу мага буйрулган. Ал шакектен көзүн алып, анын көзүнө карады да, ыйлап жиберди. — Тарик, бул мага качандыр бир айтылган сөздөрдүн эң сонуну, — деди жаш аралаша ал. — Ооба, мен сага күйөөгө чыгам, Тарик Жамил. Бул мен үчүн сыймык. Кыз аны өпкүсү келди, бирок ал аны токтотту. — Менин бир шартым бар, — деди ал, кайрадан аң-таң калтырып. — Шартым? — сурады ал, түшүнбөй. — Кандай шарт? Терең дем ала, Тарик жооп берди: — Сен мени Иорданияга кошо алып барасың да, ата-энеңдер менен тааныштырасың. Далия чыйрыла түштү. — Бул жакшы ой эмес деп ойлойм. — Биз муну кылышыбыз зарыл. Азыр ал терең дем алды да, башын чайкады. — Мен сага айтпадымбы, менин атам — катаал, за–лим, — түшүндүрүп кирди ал, — ал сен машайакчы экениңди билгиси келет. Эгер андай эмес болсо, сени үйдөн кууп чыгат. Эгер ооба десең, алдабай жатпаганыңды талдаш үчүн, керели кечке сурак кылат. Сен менин ата-энемдерди биле элексиң, Тарик, анан, ишенчи мага, сен аларды билбегениң эле жакшы. — Кечирип кой мени, Далия, бул шарт талкуулоого жатпайт. — Талкуулоого жатпайт? — Ооба, — бекемдеди ал. — Бул бир жаман же уят нерсе болгонсуп, мен сага жашыруун үйлөнгүм келбейт. Мен сенин атаңдын батасын алгым келет. Сенин бардык үй-бүлөңдүн да. Далия сөзгө чек коюп жаткансып каткырды. — Жолуң болсун, Тарик, бирок сен аны эч качан ала албайсың. — Ишен мага, — деди ал, — ата-энеңди мага кой. — Мунун сага эмне кереги бар? — Анткени, Далия, үй-бүлөдөн артык болгон эч нерсе жок, — жооп берди ал, жүзүнөн анын сылай. — ИшенFсең, ата-энемди кайтарыш үчүн мен бадыгына бармакмын. Бул мен үчүн колдон келбес иш. Бирок сен үчүн мүмкүн. — Сен эмнеге илешип жатканыңды элестете албайсың, Тарик, — эскертти Далия. — Элестете албайсың. Далиягын айтканы ырас чыгар деп ойлоду ал. Бирок Далия эмнеге илешип жатканын элестете албайт. Ал ачыгын — болгон чындыкты ага айта турган учур келет. Бирок азыр эмес. Башында ага анын турмушка чыгууга жана Иорданияга, Петрга барууга макулдугу керек. Мына ошондо гана ал жакта — чакан шаарчанын коопсуздугунда, Лемье менен Годдардан, Клодетт Рэмзинин жиберген баш кесерлеринен ыраагыраак — Далияга чындыкты кандай айтууну ойлонуштура алат. Андан эрте болбойт. — Бул чындыгында эле сен үчүн маанилүүбү? — сурады ал. Тарик анын көзүнө карап, башын ийкеди. — Ооба. — Эмесе, болуптур, — акыры ал айтты. — Качан баргың келет? Жаңы жылдын алдында дем алыш күндөрүм болот. — Жок, бул өтө эле узак, — деди ал. — Азыр эле жөнөйбүз. — Сен акылыңдан айнып калыптырсың! — оозанды ал. — Азыр бара албайбыз! — Эмне үчүн? — сурады ал. — Ата-энеңе күтүлбөгөн сүйүнчү кылабыз. Үстүнөн басып түшөбүз — ишене бер мага, ушундай болгон жакшы. Алар таң калышат, сени көргөнүнө кубанышат, сени алып келгеним үчүн эле алкоого арзып калам. — Билбейм, — арсар болду Далия. Менин рейстерим бул жуманын аягында жана кийинки жумада. — Күйөөгө чыгып жатканыңды айтасың, — деди Тарик. — Мындай учурларга дем алыштар каралганбы? Ошолорду колдоносуң. — Бирок мен түшүнбөйм, — деди Далия. — Эмнеге мынчалык ашыккандык? Мен ата-энемдер менен беш-алты жылдай көрүшө элекмин. Көөдөн көңүлүмдү даярдаш үчүн, дагы бир нече жума күтө турса болбойбу? — Жок, — сөзүн улады, Тарик өзүнүкүн ышкай. — Мен сага айттым. Мен сени сүйөм, сенсиз жашай албайм. Кийим-кечени салыштырабыз да, бүгүн аттанабыз. Босогодо сен пайда болгонуңда колуңда бул болот, эне-атаңдын өң-алетин элестетип көрсөң… Ал кутучадан бриллианттуу шакекти чыгарып, кыздын колуна такты. Эң сонун жарашты. Далия да эң сонун келишип турду. Ал жеңилип, «ооба» деди. 39 Тарик жана колуктусу чак түштө «Рицадан» чыгышып, Мисирдин түндүгүндөгү Нувейба шаарчасына такси менен жөнөштү. Алар түштөнүшүп, Далиянын тууган-туушкандарына белек-бечкектерди сатып алышты. Анан алар Акабага чейин Иордания түштүгүндөгү кеме токтоочу жайга билет сатып алышты. Кеменин суу астындагыканаттары үчтөн бир нече мүнөт өткөндө алып учту. Сапар бир саатка созулду. Бир аз эле убакыт өтүп, алар Петрге келишти, Далиянын бала чагы өткөн, көп кабаттуу үйгө жетип барышты. — Дегинкиси, бул анча жакшы эмес ой, Тарик, — канчанчы жолу кайталады Далия, ичеги-карын тутулуусуна жана көңүл айнуусуна арыздана. — Баары жакшы болот, жаным, ишен мага, — көндүрдү аны Тарик, анын колун назик кыса, жүктү алып. Өзүнүкү туура боло турганына үмүт кылды. Алар имаратка киришти, бешинчи кабатка көтөрүлүштү, так эшик алдында токтоп туруп калышты. Далиянын колдору калтырап чыкты. Тарик чөнтөгүнөн таза бет аарчысын чыгарып, анын жүзүнөн жана үстүнкү эринен аккан тамчы терди аарчыды. — Мен сени сүйөм, — шыбырады ал. Далия анын көздөрүнө карап алды, — анда өзүнө жетпей жаткан ишеним бар эле. — Мен да сени сүйөм, — жооп кыла шыбырады ал. Тарик жылмайды да, терең дем алып, тыкылдатты. — Надим, — эшик артынан аял үнү жаңырды, — бирөө тыкылдатып жатат. Сен бирөөнү күтүп жатасыңбы? — Жок, күткөн жокмун. Мен телефондо сүйлөшүп жатам, кымбатым, сен ачып койчу? — Болуптур. Бир мүнөткө, мен баратам. — Бул апам, — акырын айтты Далия, — Рима. — А атаңдын аты Надимби? — Ооба. Далия Тариктин колун бекем кысты. Ал ага берген колун сураган шакекти чечип салганын байкады. Ал ага бирдеме айткысы келди, бирок буга убактысы тар эле. Мындан сырткары, балким, аныкы туурадыр. Бул жаңылык менен ата-энесинин эсин эки кетирүү өтө эле эрте. Мына буга чейин көп кадам жасаш керек (болбоду дегенде эле, тирүү калыш керек). Эшик ачылды да, Рима Нур бир нече жыл көрүшпөгөн кызы менен бетме-бет туруп калды. Ал элүүдөн ашып калган, чачтарына ак кире баштаган, бир аз толо түшкөн, бирок дагы эле абдан сымбаттуу эле. Тарик анын кызы менен көздөрү окшош экенин байкай калды. Мырзайым Нур чүрпөсүн көрүп, кокуйлап жиберди. Колун оозуна алып келип, азыткыны көргөндөй эле болду, кеткен доодон кеп байлай албай турду. Бирок бир нече көз ирмемден кийин сураганга өзүнө күч тапты: — Далия, бул чын эле сенсиңби? — Ооба, апа. Мен сени сагындым. — Балам, мен да сени сагындым, — кыйкырып жиберди мырзайым Нур. — Мен сени ушунчалык сагындым. — Мен сени сүйөм, апа. — Мен да сени сүйөм, кызым. Мен дагы сени сүйөм. Ал Далияны кучактады. Алар өбүшүштү, ыйлашты. Аларга тоскоол болбош үчүн, Тарик жол берип турду. Алардын бири-бирине болгон сүйүүлөрү аны эпкиндеди. Ал өз ата-энесин, өзгөчө апасын кандай сагынганын түшүндү. Жүрөгү алып учуп турду, ал күтүлбөгөн жерден мында өзүн чоочундай, чакырылбагандай сезди. Нур мырзайым өзүнө келгенден кийин аны кандай кабыл алат? Ал аны көрдүбү? Балким, аны таксист же жүк ташыгыч дегендир? Тарик өзүнүн ким экенин жана эмнеге мында келгенин түшүндүрө турган кезде ал эмне деп айтат болду экен? А Нур мырза эмне дейт? Чындыгында эле, Далия сүрөттөгөндөй, ал залимби? Буларды Тарик билбейт. Ата-энесин айтпаганда деле, ал Далиянын өзүн деле аз билет. Бирок төлгө салуу пайдасыз. Ал жакында бул соболдоруна жооп алат. — Апа, — акырын оозанды Далия, Тариктин жүз аарчысы менен апасынын бетиндеги жашты аарчып. — Ии, кызым. — Апа, сени бирөө менен тааныштыргым келет. Тарик жылмайды. Нур мырзайымдын тынчы кетти. — О, — деди ал, — мен билбедим… Мен ойлодум… — Апа, баары жакшы, — деди Далия, Тарикти колдон алып. Бул — Тарик Жамил. Ал мени үйгө келүүгө жана силер менен көрүшүүгө көндүрдү. — Чын элеби? — дедиНур мырзайым. — Демек, сиз Тарик Жамил — сыйынуумдун жообусуз. Кириңиз. Мен баарыбызга чай даярдайын. — Ырахмат, Нур мырзайым, — деди Тарик күлүмсүрөй. — Сиз өтө кичипейил экенсиз. Мен азыр Далия кимди тартканын билем. Алар Далиянын атасы чыкканда, үйгө кирип буттарын чечип калышкан. — Рима, эмне болгон чуу? Мен… Далияны көрүп, ал унчукпай калды. Таң калгандан оозун ачып туруп калды. Көздөрү анын жашка толду. Анан, башка эч нерсе айтпай, ал колун Далияга сунду. Кыз анын кучагына атырылды. Экөө тең ыйлашты. — Менин кызым үйгө кайтып келди, — деди ал солуктап ыйлап. — Менин Далиям акыры келди. Ыйса, Сага ырахмат. Ыраазымын Сага. Сен сыйынууну угасың, жооп бересиң. Сенин Ысмың даңазалана берсин! Тарик тамагына түйүн туруп калгандай сезди. Дагы бир аз болсо — ал дагы боздоп кирмек. Мына бул үйдө ал бир мүнөт боло элек, бирок өзү эч качан баштан өткөрүп көрбөгөн сүйүүнү көрдү. Койчу Нур кызын өөп, кучактаганын токтоткон жок. Ал Ыйсанын атын даңктаганын токтотподу. Аларга кызы аркы дүйнөдөн кайтып келгендей эле болду, анан, Тарик ойлогондой кайсы бир мааниде ушундай эле эмеспи. — Далия, — деди апасы бир канча убакыттан кийин. — Ии, апа, — деди Далия, даана көрүш үчүн, көз жашын сүртүп. Мырзайым Нур Тарикти карап, чекесин суроолуу көтөрдү. — Ооба, — деди Далия, атасына бурулуп анын жаштан сууланган жүзүн жүз аарчы менен сүртүп. — Ата, мен сени мен үчүн өзгөчө болгон адам менен тааныштыргым келет. Бул Тарик Жамил. Ал менин үйгө келип, силер менен жүз көрүшүмө түрткү болду. Мен өзүм каалагам, бирок мен… мүмкүн корктум. Силер мени кандай тосо турганыңарды билген жокмун, дагы эле мага ачууланып жүрөсүңөрбү же жокпу, билбедим. Бирок Тарик үй-бүлөдөн артык эч нерсе жок деп айтты. Ал мени коштоп жүрүүнү сунуштады. Койчу Тариктин көзүнө карады. Тарик чыйрыла түштү. Ал каар, шектенүү жана соттоону көрүүнү күтүп тур-ган. Ал буга күн бою даярданган. Бирок аталык бүтпөс ыраазычылыкты гана көрдү. — Мен азырынча сизди билбейм, жаш жигит, — деп сөз айтты койчу. — бирок сиз мага чоң белек кылдыңыз. Сиз мага ушунча жылдар өткөндөн кийин кызымды алып келдиңиз, бул үчүн сизге чексиз ыраазымын. Сага Кудай батасын берсин, балам. Келиңиз, биз менен кечки даам сызыңыз. Биздикинде эле түнөңүз. Биздин үй — сиздин үй. Сиз мында кадырлуу коноксуз. Тарик ага көрсөтүлгөн жылуу кабыл алуудан (же, так-тап айтканда, сөздөн калды) айраң-таң болду. Антсе да алдыда турган кыйынчылыктар, артынан сая түшкөндөрдү эстей, жеңилдене дем ала албады. 40 Инспектор Годдар Рами Аккадын бет маңдайында көрүнүктүү эч нерсеси болбогон Бейруттун полиция меке-месинин сурак кеңсесинде үстөл четинде олтурду. Ал чылым тартты, бирок Рамиге сунбады. Ал жаңы кайнатылган кофе ичти. Бирок Рамиге аны да сунуштабады. Жалгандын детектирин улап, ал Марван Аккад тууралуу керектүү маалыматты ала алгычакты, ал сабырсыздык менен күттү. Тетикчи бүткөндө, Годдар магнитофонду койду. — Бардыгы даана болуш үчүн, кайталайбыз: анттын алдында турганыңызды түшүнүп эле турасызбы? — деп баштады ал. Рами ийнин куушурду. — «Ооба» же «жок» деп гана жооп бериңиз, сураныч, жоопторуңуз туптуура жазылышы үчүн, так айтыңыз. — Макул: ооба, мен ант алдында турам. — Абдан жакшы, — деди Годдар, — баштадык. — Сиздин атыңыз Рами Аккадбы? — Сиз аны билесиз. — «Ооба» же «жок». — Демек, ооба. — Сиз — «Аккад жана кызматташтар» мекемесинин энчилешисизби? — Албетте. — «Ооба» же «жок» деп жооп бериңиз, мырза Аккад. — Ооба. — Бул — сакчылык агентствосубу? — Сулуулук кеңсеси эмес да. — Балким, сиз абалдын оорлугуна парасат салбай турасыз, Аккад мырза. Менин суроолорума жооп бергенден баш тартканыңыз үчүн сизди түрмөгө олтургуза алам. Калпычылык үчүн дагы олтургуза алам. Ошондуктан азыраак менменсингендик, көбүрөөк кызматташтык болсун, түшүнүктүүбү? Рами дагы башын ийкеди. — Демек, силердин агентство Жакынкы Чыгышта иштеген фирма жетекчилеринин коопсуздугун камсыз кылабы? — Ооба. — Сиздин кызматташыңыз, ал сиздин агаңыз — Мар-ван Аккад? — Ооба. — Агаңызды Рафик Рэмзи кыздарынын өлүмүн жана аялынын уурдалганын иликтөө үчүн жалдаган? — Ооба. — Бул иш үчүн сиздин фирма барымтага 500 миң евро акы кошумча чыгымдар төлөм алган? Рами эси эндирей: — Кантип… — «Ооба» же «жок», мырза Аккад, эсиңизге салайын, сиз ант алдында турасыз. — Ооба, — акыры Рами айтты. — Марван бул аялдарды өлтүрүү же уурдоодо кандай-дыр байланышы барбы? — Жок. — Ал Рэмзинин үй-бүлөсүнөн акча өндүрүүгө аракет кылдыбы? — Жок. — Ал Рэмзинин үй-бүлөсүнөн акча өндүрүүгө азыркы учурда аракет кылып жатабы? — Жок. — Чын элеби? — деп сурады Годдар, бөлмөдө ары-бере баса. — Эгер ушундай болсо, мындай суроо берүүгө уруксат бериңиз. Сиздин агаңыз Рафик Рэмзинин өлгөн күнү Клодетт Рэмзи кайсы өлкөдө жүргөнүн билген? Рами кабак бүркөдү. Бир канча секундалар өттү, бирок ал жооп айтпады. Ал жер карады. — Демек, сэр, — көөшөрдү Годдар, — билгенби? Рами мурдагыдай эле эч нерсе айтпады. — Мени менен ойношпоңуз, Аккад мырза. Же бизге кызматташасыз, же түрмөгө аттанасыз, биз болсо сиздин мекемеңиздин иш жүгүрүгүнө тыюу туткунун койобуз. Дагы бир жолу сизден сурайм: Рэмзи мырза өлтүрүлгөн күнү, Рэмзи айымдын кайсы өлкөдө жүргөнүн сиздин агаңыз билгенби? — Ооба. — Бул өлкө — Бразилия? Рами Годдардагы колундагы маалыматка дагы таң калып турду. — Ооба, — ал арсар жооп берди. — Анда Рэмзи мырзайымдын Сан-Паулодогу банктагы сүрөтү бар эле? — Ооба. — Рэмзи мырзайым колдонгон эсеп-кысап Марванга маалым болгон? — Ошол учурга маалым эле, бирок… — Ооба же жок, Рами мырза. — Демек, ооба. — Ушул учурда «Аккад жана кызматташтар» мекемесинин ондон ашуун тыңчылары Бразилияда Сан-Паулонун райондорунун тоолорунда иштешеби? Рами эч нерсе жооп айтпады, бирок Годдар аны дүрбөлөңгө түшүргөнүн билди. Өз булактарынан алынган маалыматтар чындыкка ылайык келди. Эми Рамини жаң-гактай чагат. — Ошентип, Аккад мырза, иштешеби? — Ооба, иштешет. — Бул кишилер куралданганбы? — Ооба. — Алар бүгүн таң эрте сизге коңгуроо чалышты, Рэмзи мырзайымды эмне кылышты кааларыңызды сурашты? Раминин жүзүндөгү айран-таң калууну көрүү Годдарга майдай жакты. — Сиз түшүнө албайсыз, мен… — Алар сизден сураган: «Аялды эмне кылыш керек?» — Сиз телефонума кулак төшөгөнсүз. — Ооба. Ошентип, алар бул суроону сизге беришкен? — Ооба. — Сиздин жообуңуз: «Азырынча эч нерсе. Бул оңой эмес. Мен тез арада силер менен байланышам»? — Ооба. — Аккад мырза, сиз же агаңыз Клодетт Рэмзини уурдоо иш артында турасыңар? — Жок, — кысталып жооп берди Рами. — Сиз өзүңүз уюштургансыз? — Жок. — Чынбы? Бирок, ал аял кайда экенин билесиз? — Ооба. — Сиздин кишилериңиз ал жүргөн үйдөн анын чыгып кетишине жол бербей жатат? — Ооба. — Анан, сиз жана агаңыз булардын бардыгында айыпкер эмес экендигиңерге ишенишим керек? — Сөзсүз. — Бирок бул таптакыр жеңил эмес, Аккад мырза. Сизге мындай суроо берем: агаңыз өткөн жумада Касабланкада, Мароккодо болду. — Ооба. — Ал бир кезде ага турмушка чыгуудан баш тарткан Рания Фаваз аттуу аялга барган. — Ооба. — А азыр Фаваз бийкеч жана анын бөлмөлөш кошунасы өлгөн? — Ооба, бирок Марван муну кыла алмак эмес, — сиз адашып издеп жатасыз… — Унчукпа! — кыйкырды Годдар. Ал сурак жүрүшүнүн бузулуп кетишин каалаган жок. — Же сиз суроолорума жооп бересиз жана берген көрсөтмөмдү тутасыз, же түрмөдө түн кечесиз, бул түшүнүктүүбү? Рами колун көкүрөгүнө алды. — Агаңыз дагы эле Мисирде? — сурады Годдар. Рами жооп болбосун ачык көрсөттү. — Агаңыз Каирде жүрөбү? — кайра сурады Годдар. Рами кайрадан эч кандай жооп айтпады. — Агаңыз Мисирден башка өлкөгө кетип калдыбы? — көшөрдү Годдар. Рами жооп берүүдөн таптакыр баш тартты, Годдар ачууланып кирди. — Жалгыз агаңыз киши өлтүрдү деп айыпталып из-делүүдө. Биз аны табабыз. А аны тапканыбызда, ага от ат-пай турганыбызды мен сизге убада кыла албайм. А эгер сиз агаңызды тирүү көргүңүз келсе, мени менен кызматташ болууга кеңеш берем. А сиз азырынча түрмөгө аттанасыз. 41 Надим Нур башы-көзү чоң, балтайган колдуу жана бийик үндүү чоң киши эле. Ал ыйлабай калды, эми күлүп жатат, Тариктин жүрөкзаада болгону басаңдап калды. Нур мырзайым даам татым даярдоо менен убара болуп жатат, Нур мырза Тарикке алардын чоң эмес батирин көрсөтүп чыкты. Бул үч уктоочу бөлмөлүү, анча чоң эмес ашканалуу, бирок жетишерлик дивандар менен 15-20дай коноктор үчүн олтургучтары бар, ашканага кошулган кең конок бөлмөсү бар, жөнөкөй турак эле. Дубалга жабышкан текчелерде канчалаган китептер тизилген, Тарик мынча китепти университеттин китепканасынан гана көргөн. Туш тарапта ар кандай үй-бүлөлүк жана жыйындагы окуялардын сүрөттөрү асылган. Койчу Нур Далиянын бала чагынан мектепти бүтүрүүсүнө чейинки сүрөт альбомдорун сууруп чыкты. Анан ал Далиянын агасы, окуудан кийин Иордания аба күчтөрүндө кызмат өтөөгө кеткен Элиастын сүрөттөрүн көр-сөттү. Азыр ал аткычтар учкучу жана Англиянын ИАК да даярдыктан өтүп жатат. Ал нак эле эр жетилген — аскер, капитан, Далия мунун баарын көрбөй калды. Ал далайга кеткени жана каттарга жооп бербегени үчүн кечирим сурап эле жатты, бирок атасы эч нерсе уккусу келген жок. — Бардыгы артта калды, жан кызым, — деди Нур койчу кызына, анын үнү анын сезимдерин коштоп турду. Ал анын жанында, чоң колдору менен аны кучактай олтурду. — Ыйса сени кечирет. Кантип мен да муну кылбай кое алам? Эсиңдеби, Ыйык Жазууда эмне дейт: «Анткени асман жерден кандай бийик болсо,Тенирден корккондор-го Анын ырайымы ошондой зор. Чыгыш батыштан кан-чалык алыс болсо, Ал биздин мыйзамсыз иштерибизди бизден ошончолук алыстатты. Атасы балдарына ырайым кылгандай, Тенир Өзүнөн корккондорго ырайым кылат» (Заб.102:11–13). — Ырахмат, ата, — жай жооп берди Далия. — Сизге кандай ыраазы экенимди сиз элестете да албайсыз. Алар кайрадан кучакташышты. Ашканадан Нур мырзайым чыгып, кофе берди, жемиштер жана жаңгактар салынган айнек идиштерди койду. Ашканадан делебени козгогон жыт уруп турду. — Ммм, — деди Тарик, — бул таджин эмеспи? — Ооба, туура таптыңыз, — деди аял. — Бул сиздин сүйгөн тамагыңыз деп ойлойм. — Өтө жагат, — деди ал. — Бул мындай болгон…. Тарик тилин кести. Ал аз жерден, жер-жемиштер жана козунун этинен жасалган — Мароккандык рагу Раниянын сүйгөн тамагы эле деп айтып жибере жаздады. Бул анын кандай кеңкелестиги. — Эмне мындай болгон? — сурады Нур койчу. — Мындай болгон… Марракеште бир кезде кардарым болгон, — калп айтты ал, кетирген этиятсыздыктан кийин өзүнө келүүгө тырышып. — Ар бир ирет мен ал жакта болгон сайын, ал мени үйүнө чакырчу, а аялы өтө тамшандырган мрузияны даярдачу. Азырга чейин менин шилекейим куюлат. Ал муну айткан кезде кокустан аны күнөөлүү сезим чулгап калды. Ал жакшы адамдын, Кудайдын кишисинин үйүндө эле мына апыртып турат. Кайрадан анын башына өткөн өмүрү бүт алдамчылыктан турат деген ой келди. — Балким сиз билгендей, Тарик, мрузия — Далиянын сүйгөн тамагы, — деди Нур мырзайым. Анын көздөрү кайрадан жашка толду. — Ал кеткенден бери, муну жасаган жокпуз, тиги… Сезимдерин колго ала албай, кечирим сурады да, жаштарын алжапкыч менен аарчый, ашканага чыкты. Далиянын узакка жок болуу кедергисинен, жарааттардын кан-дай терең орногонун, анан ал тууралуу аз маалымат биле тургандыгын Тарик түшүндү. Ал анын сүйгөн даамдарын, сүйгөн музыкасын, тасмаларын, телеберүүлөрүн билбейт. Ал анын кайсы майрамдарды жактыра тургандыгын жана кайсы тиш жуучу желимди жакшы көрөөрүн билбейт. Ал анын Нагиба Махфуздун романдарын сүйөөрүн жана саякатты жакшы көрө турганын билет. Дагы кыз аны сүйөрүн билет. Ал жөнүндө билгени болгону ушулар гана . Алардын мамилелери тууралуу эч бир сөз кылууга болбой тургандыгы оюна кылт этти. Нурлар алардын убадалашканын билүүгө али даяр эмес эле. Бул өтө эле шашмалык болмок. Алар алардын кандай таанышканын билгиси келер. Ал бул жолугушуу алар «чөп» сорушкан кечеде болгонун, андан соң түндү бирге өткөзүшкөнүн айта алмак эмес. Нурлар алардын канча убакыттан бери тааныш экенин билгиси келет, ал эми алардын таанышкан мезгилдери жылдар же айлар менен эмес, а чындыгында сааттар менен саналат. Алар анын келечек максат ниеттерин уккулары келет. А ал болсо: «өлтүрүп же камап койбошу үчүн аракет кылам», — деп айта албайт. Тарик мына буларга да, башка соболдорго да жооп айта албайт. Эмне гана айтпасын баары жалган, бул жөнүндө канчалык ойлогон сайын, ошончолук мына бул адамдарга калп айткысы келбегендигин, болбой калды дегенде өзүнүн жана алардын жаны сакталышы үчүн гана алдай турганын мойнуна алып турду. — Тарик, бизге айта олтуруңузчу, эмне иш кыла-сыз, — деди Нур койчу, кызын чейрек көрбөгөн аялынын апкаарыганынан көңүлдү алаксытууга далбастап. — Эмне деген кардарлар сизди бүт дүйнөнү — Европа, Марокко, Мисир, Ливанды кыдырууга мажбур кылат? Тарик жеңилдене дем алды. Бул жөнүндө күндөп-түн-дөп айта алат. Уламышын жатка билет. — Мен компьютерлер кеңешчисимин, сэр,— деп сөз баштады ал. Банктарга, сактык мекемелерине, зор улуттук корпорацияларга аларды негизги мээден (компьютердин) же түндүк уюлдарды хакерлерден, вирустардан жана баш-калардан коргонуу үчүн жардам берем. Далиянын атасы каткырды. — Кудай сизге жар болсун, Тарик. Мунун баарын эмнени билдире турганын элестете да албайм. Бирок кантсе да, бул сизге күнүмдүк жашоого азык таптыраары байкалат. — Ооба, сэр, толук. Мына бүттү. Иш аракетин талкуулоо, кандай шыр башталгандай, так ошондой шыр бүтүп калды. Нур койчу сөздү улантты, Тарик болсо кайра жүрөкзаада болду. — Сиз Ливан акцентинде сүйлөйт экенсиз, — белгиле-ди койчу, кофеден бир ууртап, креслого чалкалай. — Сиз Бейрутта туулгансызбы? Тарик ичинен чочуп кетти. Өткөндү ачык-айрым баян-доо олуттуу каталык болмок. А алдамчылык келеркиде чаташып калбаш үчүн, айтылгандын баарын эске тутуу зарылчылыгын туудурмак. Өткөнү тууралуу уламыш даярдалган эмес — анын мурда кереги жок эле. Далия ага көп сурак берген эмес (ал болгону ата-энесинин өлүмүн гана сураган), анткени ал өзүнүн өткөн турмушу тууралуу сөз козгогусу келген эмес. Эгер азыр сак болбосо, Нур койчу анын жашоосун түнү бою сурап чыгат. Ага Нур мырзайым жана Далия дагы кошулушу мүмкүн. Ал өзүн карматууга жол кое албайт. Бирок эмне кылыш керек? Ал жок эле дегенде бир нече күн мына бул үйдө калууну көздөп турат. Бир нерсе тууралуу сөз козгоп турушу зарыл. Көйгөйдөн качуунун бирден бир жолун ал түшүндү, бул өзүнүн чабуул коюп кириши. Соболдорду өзү бериш керек. Өзү сөздү нугуна сала алат. Сөз тамырын өзү тандайт жана өзү ырбатат. Бул кишинин табити сөздүн кайсы нугун тартат, эмне анын көңүлүн кармайт? Өткөн өмүрү менен Далия экөөнүн мамилелеринен алаксый, күн бою күпүлдөшө ала турган эмне бар? 42 — Ооба, сэр, — сөз баштады Тарик. — Бейрутта өсүп чоңойдум. 70-жылдары сиз түшүнө билгендей, кичинекей бала үчүн коркунучтуу мезгилдер эле, ич ара согуш жана ушундайлар. Бардыгы: машайакчылар да, мусулмандар да — өз дининин урматына бири-бирин өлтүрүштү, ар кими өз Кудайы үчүн күрөшүп, аны коргоп жатканын айтып жатты. Дин кан, согуш жана өлүм менен аралашкан эле. Эгер мунун баары мени динге каршы турууга бурганын билдирсем, сизди таарынтпайм го деп үмүттөнөм. Менин өлкөмдө өздөрүн машайакчы атаган адамдар баарын жана бардык адамдарды жардырып жок кылышты. Албетте, алар эле эмес, бирок мунун баары жагымсыз жагдай калтырды. Мен Кудайдан четтедим. Машайакчы үй-бүлөдө өскөндүктөн, жыйынга барып, машайакчылар тарапта болушум керек болчу. Согушкум келген жок, анткени машайакчылар деле мусулмандар кылганды, башка динди кимдер карманса, ошолорду өлтүрүштү. Баары бирдей эле, машайакчылар менен мусулмандар эч кандай айырмасы жок болчу. Фанатизм, каар, көрө албастык адамдарды сокур кылды. Мына ошондуктан машайакчылардан, жыйындан алыс турдум. Алардын башкалардан артыкчылыгы жок… Мунун бары адам чы-дагыс эле! — Ошондуктан сиз компьютер менен алектендиңиз, аларда тартип менен тактык бар, илимий жана башкарууга ыңгайлуу, — деди Надим Нур. — Ошентсе деле болот, — макул болду Тарик. Койчу алдыга иңилип, шыбырады: — Сизге бир сырды ачсам болобу, Тарик? — Албетте, сэр. — Сиз билишиңиз керек, — араң эле угулгудай оозан-ды Надим, — мен өзүмдү машайакчы атабайм. Мындай билдирүү Тарикти буйдалаңга түшүрдү. — Сизди түшүнгөн жокмун, сэр, — деди ал. — Сиз койчу эмессизби? — Ырас, койчумун, — жооп берди Надим, — бирок өзүмдү машайакчы деп атабайм. — Анда өзүңүздү ким деп атайсыз? — Ыйсанын жолдоочусу. — Айырмасы кайсы, бир эле нерсе эмеспи? — Мен бул бир эле нерсе болушун каалайт элем, — деди Надим. — Бирок бизде абдан көп адамдар өздөрүн машайакчы аташаарын көрүп турам. Алар өздөрүн мусул-ман да, еврей да эместигин гана белгилешет. Бирок алар — Ыйса Машайактын чыныгы жолдоочулары экендигин эске алышпайт. — Бирок алар деген жыйынга барышат эмеспи? — Албетте, бирок жыйынга баруудан адам машайакчы болуп калбайт, мисалы — так ошондой эле, ресторанга кирип, ал мыкты даамга айланып калбайт. Чыныгы машайакчылык этникалык же раса тобуна таандык болуудан турбайт. Бул кызыктыруучу топ эмес. Ал туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө же инсан тастыгына коштолуп жазылбайт. Ал адам кабыл алган аң-сезимдин, эрктүү чечимдин корутундусу. — Бул чечим эмнеден турат? — Бул — Ыйык Жазуу айткандай, Кудай сизди сүйөөрүнө жана Анын сиз жөнүндө өзгөчө ою бар экенине ишенүү-гө чечим чыгаруу. Ошондо Кудай сизге сиз туулганда Ал эмне себеп менен жаратканын жана эмне үчүн жаратканын ачып бере баштайт. Койчу Надим түйшүктөнө Тарикке карап, сурады: — Кудайдын бар экендигине сиз ишенет эмессизби? Күтүлбөгөн суроо болду, бирок Тарик шыр жооп берди: — Албетте, Кудай бар. Ал болушу керек. — Бул туура. Кудай болушу керек. Болбосо, дүйнөнү жана анда болгондордун баарын ким жаратмак? Жерди, асманды, галактикаларды? А айбанаттарды, өсүмдүктөрдү, адамды? Мунун баарын — ошончо татаалдыкты жана сонундукту жаратуу бир гана Кудайдын колунан келет. Далия дасторконду жайнатып жатты, а Рима Нур мырзайым сөзгө кошулду: — Ал — биздин Жаратуучубуз. Дем чыгарып, аман-турганы үчүн ар ким Ага гана милдеттүү. Кудайдын бар экендигине күбөлүк — адам, биздин абийир жана түбөлүктүүлүктү сезүү. Сулайман падыша айткан: «…Ал бардык нерсени өз убагында сонун кылып жасады… Кудай жасагандын бардыгы түбөлүктүү экенин түшүндүм, ага эч нерсе кошууга да, андан эч нерсени алууга да болбойт. Кудай Өзүнөн коркуп турушу үчүн ушундай кылып жараткан» (Нас.3:11,14). — Кудайдын бар экендигине ишенбей коюу мүмкүн эмес, — деп сөзүн улады Нур койчу. — Туура ой жүгүртүүчү бирөө да аны жокко чыгара албайт. Дөөт пайгамбар айткан: «Акылсыз адам жүрөгүндө: ˝Кудай жок˝ дейт» (Заб.13:1; 52:2). — Сэр, мен келесоо эмесмин, бирок мен ушунча улуу Кудай — мени сүйөт деп ишене албайм. — Албетте, Кудай сизди сүйөт жана сизге болгон Өз сүйүүсүн тынымсыз ырастап келет. — Өзүнүн сүйүүсүн ырастайт? Кантип? — Күндүн чыгышы-батышы менен, тоолор менен өрөөндөрү, дарактар менен гүлдөрү, жырткычтын айкырыгы менен куштардын сайраганы, жүрөгүңүздүн соккону жана дем алууңуз менен. Сиздин муктаждыктарыңызга кам көрүп жана жана сизди коргоо менен. Ыйык Жазуу Анын сүйүүсүн Анын сөздөрүндө жарыялайт: «Мен сени түбөлүктүү сүйүү менен сүйөм» (Жер 31:3). — Бул чынбы? — Ооба, Анын сиз жөнүндө эң сонун ойлогон ою бар. Машайак айткан: «Мен адамдардын өмүргө, ашып-ташыган өмүргө ээ болушу үчүн келдим» (Жкн. 10:10). — Бул биз тууралуубу? — Ооба, бирок биз күнөөнүн кесепетинен бул сүйүүгө жана жакшы ниетке ырахаттана албайбыз. — Көйгөй мына мында тура. — Адам — күнөөкөр, ал Кудайдан бөлүнүп калган. Адамзат бул сүйүүдөн жана ниеттен алыс кеткен. — Кандай өкүнүчтүү. — Сиз билгендей, Кудай Адам атаны Өзүнүн бейнеси боюча Өзүнө окшоштуруп таза жана кемчиликсиз жараткан, бирок Адам ата Кудайга тил албай Ага каршы чыкты. Адам ата жана Обо эне тыюу салынган жемиштен жеп, Кудайдын соту менен жазасынан жабыркашты. Күнөөнүн жазасы — өлүм. Өлүмдү Кудай жараткан эмес, өлүмдү күнөө алып келди — денелик эле өлүмдү эмес, бирок рухий өлүмдү, демек Кудайдан ажыроону да. Күнөөкөр Адам атага Ыйык Кудай менен мамиледе калууга болбой калды, ошол үчүн ал Эдем багынан дүйнөгө куулган, күнөө болсо анда кала берди жана соңку тукумдарына өтүп келет, бирок… — Бирок эмне? — Бирок Кудай чексиз адилет эле эмес, бирок чексиз ырайымдуу да. Ал күнөөнү жазасыз калтыра албайт, бирок Ал ошондой эле сүйүүсүн, кечиримин жана ырайымын көрсөтөт. Өзүнүн ырайымдуулугу жана сүйүүсү аркылуу Ал адамга куткарылууну, Кудай менен кайрадан сүйлөшүү жана башындагы жаратылган боюнча бейнесин калыбына келтирүүнү мүмкүн кылды. — Демек, Кудай бардык күнөөнү кечирди. — Адилеттүүлүкчү? Күнөө мурдагыдай эле жаза астында. — Ооба, мында татаалдык бар… — Кудай адилеттүүлүк салтанатын орнотуу жол чечимин Өзү сунуштады. Ал айыпкердиктин кунун төлөөнү Ыйса Машайак аркылуу аткарды. Адам атада баары өлгөндөй эле, Ыйса Машайакта баары тирилишет. — Бул эмнени билдирет? — «Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, Өзүнүн жалгыз Уулун берди. Кудай Аны Ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди» (Жкн. 3:16). Ыйса Машайак — адамзаттын куткаруучусу экендигине ишениш керек, бизди күнөөбүздөн куткарыш үчүн Анын айкаш жыгачта өлгөнүн, бизге түбөлүк өмүр бериш үчүн Ал өлгөндөрдөн тирилгенин моюнга алыш керек. Ал — асмандагы түбөлүк жашоого алып баруучу жалгыз жол. Терең ойго бата, Тарик мындай деп сурады: — Эмне үчүн бул Ыйса Машайак болушу керек? — Жакшы суроо. Эмне үчүн бир гана Ыйса Машайак болушу керек? Кудай жазаны белгиледи жана бир гана Ал андан куткара алат. Жазадан куткарылыш үчүн айып төлөнүп алынышы керек. Ким муну орундай алат? Тарик, сиз билесизби, төлөм кандай болушу керек? — Ооба. Күнөөнүн жазасы — өлүм. — Бирөөнүн өлүшү керек эле. Бул адам баласы боло алмак эмес, анткени Кудай ага ырайым көрсөтүп жатат жана анын өлүшүн каалаган жок. Башкасы болсо — Кудай, бирок Кудай өлө албайт. Адамдык да, кудайлык да табиятка ээ болгон орун басар керек эле. Ал ыйык — күнөөсүз болушу керек, демек, ал адамдын уругунан боло албайт. Бир гана Ыйса Машайак ушундай болгон. Кудай адамдын ордуна өлүш үчүн, адам болуп бул дүйнөгө келди, кун төлөө куткаруусу орундалышы үчүн күнөө үчүн жазаны мойнуна алып, өлгөндөрдөн тирилди. Бөлмөнү жымжырттык бийлеп турду, а мына Нур койчу аны жарды: — Мына Машайакты ээрчүүнүн маңызы. Мен бул чечимди өзүмө 32 жыл илгери кабыл алдым, ал жашоомду толугу менен өзгөрттү. Анын сөздөрү ынануу, бейпилдик жана кубанычты чагылдырып турду. — Бирок, Тарик, тажрыйбама таянуу менен сизге айта алам, көптөгөн адамдар өмүр бою сыйынуу үйлөрүнө катташат жана алар баарына өздөрүн машайакчыларбыз деп айтышат, бирок алар Машайактын чыныгы жолдоочулары болуп саналбайт. Алар сыйынышат, орозо кармашат, кедейлерге садага беришет, бирок алар таянычын Машайакка жүктөө жана Аны ээрчүү чечимин кабыл албай кала беришти, ошондуктан, жыйынтыгы катары, алар, ти-лекке каршы, Кудайдын сүйүүсүн татып көрүшкөн жок жа-на Кудайдын алардын жашоосуна болгон ниетин таанып билишкен жок. Ал эле эмес, өздөрүн машайакчы атаган көп адамдар Ыйса үйрөткөндүн баарын тебелеп-тепсешет. Алар калп айтышат. Аракка, баңгиликке тартылышат. Никеге чейин эле кошулуп алышат жана никесиз байланыштарды түзүшөт. Тарик Далиянын бетине абдан карагысы келди, бирок батына албады. Ал Далиянын кандай тикенек үстүндө олтурганын, ага атасынын Ыйсага болгон сүйүүсүн угуу, өзүн машайакчылар деп атагандарга атасы аны да киргизе турганын моюнга алуу кандай ыңгайсыз болорун элестетип көрдү. Кантсе да, Тарик сөздүн мындай бурумуна кубанычтуу эле. Далиянын атасы машайакчылык тууралуу түнү бою кеп салаарына, Тариктин өткөн таржымалы жана анын Далия менен мамилелериндей бет чымыратчу сөздөрдөн качууга болоруна, ал толук ишенет. Ал суроо бергиси келди, бирок койчу аны чаап өттү. — Мага кызыктуу, Тарик, сиздин оюңуз боюнча Ыйса Машайак ким болуп саналат? Тарик өз ичинде ал эч качан бул жөнүндө олуттуу ой жүгүртпөгүн мойнуна алды. — Болгон сый-урмат менен, сэр, мен шексиз түрдө Ыйсанын жолдоочусу эмесмин. Бирок айта алар элем, ал улуу диний ишмер болгон. Койчу баш ийкеди. — Муну менен мен макулмун, жаш жигит. Эч бир шек жок, Ыйса Машайак жашоосу менен окутуусу тарыхтын жүрүшүн өзгөрткөн улуу диний жетекчи болгон. Бирок Ал жакшы адам же улуу үйрөтүүчү эле болгон эмес. Жаңы Келишим Ал тууралуу Анын Кудай экендигин түз айткан. — Нур койчу, мен ачык айтсам болобу? — Албетте, айтыңыз, Тарик, сиз — досторуңуздун арасындасыз. — Эмне дейбиз, албетте, мен түшүнөм: Жаңы Келишимди жазган машайакчылар Машайак — Кудай деп ойлой алышкан. Алар, балким, Анын ошол болушун каалашкан. Бирок Ыйса Өзү, албетте, Өзү тууралуу ушундай билдирүү жасаган эмес. — Чындыгын карасак, Тарик, жасаган. 43 Нур мырзайым бардыгын дасторконго чакырды. Алды-да накта той, Тарик аны араң чыдап күтүп жатты. Бирок, дивандан туруп жатып, Далиянын өңүнөн кетип турганын көрүп калды. Ал муну атасын же күйөө баланы таарынтпаш үчүн, ачык айтпаса да, сөз ачык эле анын жанын кашайткан экен. Бирок Тарик сөзгө бурум кылууга ашыкпады. — Эмнеге мага атаң — ушундай кызыктуу киши экенин айткан жоксуң? — тамашалай сурады ал, дасторкон четине учкай отуруп жатып. Далия көздөрүн жүлжүйттү. Ал ага кандай кыжырда-нып турганын ата-энесине көрсөткүсү келген жок, бирок эгер көз караш менен өлтүрүүгө мүмкүн боло турга болсо, Марван Аккад (ал Тарик Жамил да) алда качан сулап жатмак. — Дин туралуу сүйлөшүү сага ушунчалык кызык экендигин мен ойлогон эмесмин, — акыры ал жооп айтты. — Эми, бул саясат жөнүндө сүйлөшүүгө караганда кызыгыраактыгы ырас, — шайыр жооп берди Тарик, анын көңүлүн көтөрүп коюуга далбастай. Анын ушундай кылганы өзүн мындай жонунан актады, атасынын мындан айбалталуурак сөзгө өтүп кетүүсүнө жол койбоду. — Далия, ыраазычылык келтирип, сыйынып коесуңбу? — деп суранды Нур койчу, алар орундарына жайланышкан кезде. — Жакшысы, өзүң бизге сый көрсөт, — деп жооп бер-ди ал. — Макул, — көндү ал, Тарик баамдагандай, кайгыра түшсө да. Койчу, анын аялы жана Далия алакандарын жайып, баштарын ийишти. Тарик шашкалактай аларды туурады. — Асмандагы Ата, Сени ырайымың жана сүйүүң үчүн, Сен Өз Уулуң, Теңирибиз Ыйса Машайакты жерге жибергениңе, биз толуктуулукта жана түбөлүктүүлүктө өмүргө ээ болушубуз үчүн, Ал бизди сүйгөндүктөн биз үчүн айкаш жыгачта Өз өмүрүн бергенине ыраазычылык айтабыз. Биз, биздин Атабыз болгон Сага, Сен — Кудай болгонуң үчүн, биздин сыйынууларыбызды укканың жана аларга жооп бергендигиң үчүн ыраазычылык айтабыз жана Сен Далияны аман-эсен үйгө алып келгениң үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Сен ага жана анын досу Тарикке ашып-ташыган бата беришиңди суранабыз, алар өздөрүн мында сүйгөн жана чакырылган коноктой сезишсин. Бул үй жашоо кырсыктарынан баш калкалаар жай болуп калсын. Берген ырыскың үчүн жана биз бирге болгонубуз үчүн Сага ыраазыбыз. Ыйсанын ысмынан сыйынабыз. Оомийин. Бардыгы «Оомийин» деп койчунун артынан кайталаш-ты, муну Тарик да кылды. Ал эч качан машайакчылык сыйынууда катышкан эмес. Бул аны кызыктырды. Бул ага, ооз жели эмес жана жекече — таптакыр башкача, бала чагынан эсинде калган чоңдордун сыйынууларындай эмес, чын жүрөктөн чыккандай туюлду. Койчу чын эле аны менен жанында турган Кудайга кайрылгандай болду. Тарик адаттан сырткары мемирөөнү сезди. А мүмкүн ушундай таасирди жаңы эле казандан чыккан тамактын жыты ага берип жат-кан чыгаар, — ал качан акыркы жолу үй даамын сызганын эстей албай турду. — Тарик, Жаңы Келишимди качандыр-бир окуган жок белеңиз? — сурады Нур койчу, Тарик жашылчалуу козу этине сугун артып бүткөндө. — Жок, сэр, — башын чайкады Тарик, — эч качан. — Окуңуз. Сизге кызык болот деп ойлойм. Мен сизге бирөөнү белек кылайын. — Бул сиз тараптан өтө кичи пейилдик, бирок мындай белекти кабыл ала албайм. — Мен муну кубаныч менен жасайм. Мен койчумун да. Тарик күлдү. Бул чын. — Анда эмесе, ыразычылык билдирем. Жаңы Келишимди окугум келет. — Демек, сиздин жеке өзүңүздүкү болушу керек. Ал мени көп жылдар бою өзүнө тарткандай, сизди да тартат деп ойлойм. Мисалы, Ыйса түз жана бир нече жолу билдирет, Ал жана Атасы экөө — бир экендигин. Мисалга, Жакандын Жакшы Кабарында Ыйса айтат: «Мен жана Атам — бирбиз», (Жкн. 10:30) жана «Эгер Мени билсеңер, анда Менин Атамды да билмексиңер» (Жкн. 8:19), дагы «Мени көргөн адам Мени жиберген Кудайды көргөн болот» (Жкн.12:45). Марта аттуу аялга Ыйса айткан: «Мен тирилүүмүн жана өмүрмүн. Мага ишенген адам өлсө да, тирилет. Мага ишенип жашаган адам өлбөйт. Ушуга ишенесиңби? Марта Ага: «Ооба, Теңир. Дүйнөгө келе турган Кудай Уулу Машайак Сен экендигине ишенем», — деди (Жкн.11:25–27). — Ыйса чын эле ушинтип айтканбы? — Ооба, Ал чындыгында эле ушинтип айткан, бул өтө тайманбастык эле! Чынында эле Жакандын Жакшы Кабарынан биз ошол кездеги диний башчылары ага ушунчалык каарданышканын, Аны ташбараңга алгылары келишкенин окуйбуз. «Ыйса аларга: “Мен силердин көз ал-дыңарда Атамдын атынан көп жакшы иштерди кылдым. Алардын кайсынысы үчүн Мени таш бараңга алгыңар келип жатат?” — деди. Жүйүттөр Ага: “Жакшы иштериң үчүн эмес, Кудайга акарат келтиргениң үчүн, таш бараңга алганы жатабыз”, — деп жооп беришти» (Жкн. 10:31–33). Анан алар акыр аягы Аны өлтүрүүгө өкүм чыгарышты, алардын Ага койгон мыйзам ченемдүү айыбы — Анын Кудайга акарат кылганы болгон, атап айтканда диний ишкерлер төгүн деп ырастаган, Ал Өзүн — Кудай экендигин билдиргени болгон. Болбосо эмне үчүн Ал жөнүндө кабар бүтүндөй Жакынкы Чыгышка таралмак? Матайдын Жакшы Кабарында «Ыйса бүт Галилеяны аралап, синагогаларда элди окутуп, Асман Падышачылыгы тууралуу Жакшы Кабар таратып, адамдардын ар кандай ооруларын жана кеселдерин айыктырып жүрдү. Ошондо Ал жөнүндө бүт Сирия эли угуп, Ага бардык оорулууларды: ар кайсы кеселге жана дартка чалдыгып кыйналгандарды, жин оорулууларды, элирме оорулууларды, шал оорулууларды алып келип жатышты. Ыйса болсо аларды айыктырып жатты. Галилеядан, Декапол дубандарынан, Иерусалим шаарынан, Жүйүт аймагынан жана Иордан дарыясынын нар-кы өйүзүнөн келген топ эл Ыйсанын артынан ээрчип жүрдү»,— деп айтылган (Мт. 4:23–25). Ошондой эле Ыйса Кудайдын сүйүүсү жана Анын алардын жашоосуна болгон ой-максаты тууралуу элдерге Жакшы Кабарды жеткириш үчүн Ливанга да келгени жөнүндө айтылат. — Ливанга? — Тарик айрычаны ары койду. — Так кайсы жерге? — Сурга, Сайдка. Тарик өзүнүн айраң-таң калганын билдирбөөгө тырышты. — Бул кайсы жерде жазылганын мага көрсөтөсүзбү? — суранды ал. — Өз көзүм менен көргүм келет. Мен эч качан бул тууралуу укпагам. — Албетте, — деди Нур койчу. Оозун кагаз сүлгү менен аарчып турду да, өзүнүн Библиясын алды. Ал Матайдын Жакшы Кабарын ачты. — Мына, — деди ал. Тарик Ыйык Жазууну алып окуп кирди: — «Ыйса ал жерден чыгып, Тир жана Сидон аймакта-рына келди» (Мт. 15:21). Ыйса чындыгында эле анын туулган шаарында бол-гонбу? Аятты кайра окуй, Тарик өзүнө суроо берди. Эмне үчүн ал бул жөнүндө билбейт? Эмне үчүн бул тууралуу эч ким ага айткан эмес. 44 Годдардын телефону чырылдады. Ал кимдин ага чалып жатканын көрдү, антсе да баары бир жооп берди. — Жылыш барбы? — Арбактын билгиси келди. — Бир катар, — деди Годдар. — Аккаддын тууганы сындыбы? — деп сурады Лемье. — Жок. — Марвандын кайдалыгын ал айтпадыбы? — Дээрлик эч нерсе. Мен аны түрмөгө олтургуздум. — Эмне?! — А дагы эмне кыла алмак элем? — ырылдады Годдар. — Марванды салып беришине мажбурлаш керек, — жооп берди Лемье. — Так мына ошол үчүн аны камакка алдырдым. Рами Аккаддай адам Бейрут түрмөсүндө көпкө кармалууну каалабайт. Мага ишениңиз. — Түшүнбөйм, — деди Лемье. — Сиз айтпадыңызбы, жылыш бар деп. — Ооба. — Анда кайсы? — Раминин спутник телефонун тыңдадык. — Иии…. — Анан анын Сан-Пауло тоолоруна ондогон куралданган кишилерин жибергени билинди. Аркы тарапта кокусунан жымжырттык өкүм сүрдү. — Инспектор, сиз мени уктуңузбу? — сурады Годдар. Бирок Лемье жооп кылбады. Ал Годдардын эмне айта турганын билгендей эле, ооз ачканга абалы келбей, өтө маң болгондой туюлду. — Алардын колунда — Рэмзи мырзайым бар, — акыр аягында Годдар айтты. Ал «жардыргычты» ыргытып коюп, жоопту күтүп турду. Бирок жооп болбоду. Үн катпоо созулуп жатты. — Мен өз кишилеримди баарын камакка алууга жана Рэмзи мырзайымды куткарууга жибердим, — сөзүн улады Годдар. — Алар өз аракеттерин Бразилия бийлиги менен макулдашат. Годдар жок дегенде бир нерсе угам деп күттү, бирок эч нерсе уга албады. — Сиз мени угуп жатасызбы, инспектор? — сурады ал. — Ии, угуп жатам. — Эмне унчукпайсыз? Бул — маанилүү кабар. Сизди ыраазы болот деп ойлогом. 24 саатан кийин Рэмзи мырзайым Монте-Карлодо коопсуздукта болот жана мен ага бардыгынан маалымат бере алам. Сиз мында катышкыңыз келбейби? — Мен дагы да сиз менен байланышам, — деди Лемье, үнүндө анын кубаныч эмес, а кандайдыр айласы куругандык ыргалды. Мына буга Годдар жоромол таппай турду. 45 Түштөнүшүп бүтүп, баары аларды пахлава менен Турция кофеси күтүп турган жерге конок үйгө өтүштү. — Надимдин айтайын дегени, — деди Нур мырзайым, — Ыйса Өзүнүн кудайлыгын таптакыр эки учтуу кылбай билдирген. Ал муну далил катары тастыктаган. Ал эмнени айтып жатканын баары түшүнүшкөн, жада калса Анын кастары да. Ооба, бул азыр да көптөргө жага бербегендей эле, аларга жаккан эмес. Бирок, эч күмөнсүз түрдө бул сыр болгон эмес. — Балким, ушундайдыр, Нур мырзайым, — деди Тарик, — бирок, мен айтышым керек, бул мен үчүн таптакыр жаңы нерсе. — Биз муну түшүнөбүз, — жооп берди ал. — Биз баш кошконубузда, экөөбүз тең, Ыйса Өзүн Ал — Кудай деп билдиргенинин четин да билген эмеспиз. Кантсе да экөөбүздүн бирөөсү да, Машайакты ээрчиген бир ушундай үй-бүлөдө өскөн эмеспиз. Надим да, мен да эч качан Библияны окуган эмеспиз. Бирок бир жолу биз тааныш болгон жаш жубайлар бизди ой жүгүртүүгө мажбур кылды. Так сиз олтурган жерде олтурган күйөөсү мындай деп айтты: «Жаңы Келишимди окуп чыгып, Ыйсанын Өзүн кудайлыгын тастыктаганын көрбөгөндүк — бул чайыттай ачык күндө көчөгө чыгып, күндү көрбөй турам деп айткандын эле өзү». Эгер чынын айтсам, бул мени буйдалаң кылды, мага Библияны окубаганым ыңгайсыз болду. Надим да ушуну сезди. Экөөбүз бирден Жаңы Келишимди алып, ошол эле кечте окуп кирдик. Канчалык окуган сайын, досторубуз айткан нерселердин тууралыгына ошончолук бекемирээк ынана баштадык. — Андан ары эмне болду? — сурады Тарик, ага бир ой кылт деди: ал жөн эле өз таржымалынан ыраак качыш үчүн жан талашып жатабы же чын эле ага кызыкпы? — Жашообуз оорлошту, — деди Нур койчу. — Кандайча? — Ойлоп көрүңүзчү, — ал чечмелеп кирди, бул учурда Далия кечирим сурап, идиш жуумуш болуп чыгып кетти. — Ыйса Ал — Кудай экендигине талапкер болгондуктан, Ал жөн эле жогорку адеп-ахлактуу адам же пайгамбар боло албайт. Ал — же Кудай, же жок. Же Ал чынын айтат, же алдап жатат. Үчүнчү жикке жол жок. Өзүнүн кудайлыгын Ал ар кандай жолдор менен ырастаган. А Анын билдирүүсүн же кабыл алышыбыз керек, же четке кагышыбыз керек, ишенебиз же баш тартабыз. Арсар жик болбойт. Жаңы Келишимди окуп чыгып, сизге же бардык Анын чындыкты (Өзүнүн кудайлыгын тастыктаганын кошуп) айтканын моюнга алуу, же Аны алдамчы деп эсептөө гана калат. Чындыктын урматына насаат айткан адам, өз шакирттерин, бүт дүйнөнү, бизди алдап, чындыкка ылайык келбеген билдирүү жасай алабы? Анан эгер Анын айткандары жалган болсо, кантип Ал айкаш жыгачка кадалып, өлө алат? Ким жалган үчүн өлөт? Тарик, балам, Машайак — Кудай. Ал Өзү жөнүндө муну ачык айткан, Анын айткандарынын бардыгы Библияда так жана туура күбөлөндүрүлгөн. Мына ошондуктан мен жана милиондогон ишенгендер буга ишенебиз жана чындык катары кабыл алабыз. — Тарик, — Нур мырзайым сөзгө аралашты, — бул чындыгында чындык. Ошол үчүн Кудайдын Сөзү болгон Библияны окуп, буга далилдерди таба аласыз. — Чын элеби? — таң калды Тарик. — Жакандын Жакшы Кабары мындай сөздөр менен башталат: «Эң башында Сөз бар болгон, Сөз Кудайда болгон жана Сөз Кудай болгон» (Жкн.1:1). Андан ары: «Сөз адам болуп биз менен жашап турду» (Жкн.1:14). — Машайак биздин арабызда жашады. — Мына ушундай үзүндүлөр көп, — Надим койчу сөзүн улантты. — Чынында Жаңы Келишимде Машайак — Кудай экендиги 11 жолу, а 50 жолуга жакын — Ал Кудай Уулу экендиги айтылган. — Уулу…? — түшүнө албай сурады Тарик. — Бул түшүнүксүз. — Бул анткени, — жылмайды Надим, — сиз Ага адамдык көз караш менен карагандыгыңыздан. Уул деген денелик маңызда эмес: Кудай бул Рух, Ал баланы бойго бүтүрө албайт. Ал ошондой эле Уул Кудай-Атадан кийинки экинчи деген мааниде да эмес. Машайак — Уул руханий мааниде. Ал — сүйүү аркылуу Кудай Уулу. Уул Кудайга тең. Ал Кудайдын келбети. Кыска сөз менен айтканда, Ыйсанын ким экени мына. Эми эгер суроолоруңуз бар болсо, аларга кубаныч менен жооп беребиз. — Жаңы Келишимди окуган сайын, — деди Нур мырзайым, — өзүңүз муну көрө аласыз. Анын достору да, кастары да айткандай, Ал — устат экенин билип каласыз. Анын ырастоолорунун бири болгон: Ал — Кудай Уулу экендигин кабыл албай туруп, кантип Аны устат деп эсептөөгө болот? Жакшы устат алдашы жана өзү тууралуу жалган айтышы мүмкүнбү? — Жок деп ойлойм. Туталанган Далия үстөл үстүн жыйнаштырганын улантып жатты. Нур койчу кошумчалады: — Ыйсанын жашоосун изилдей баштаганымда, Тарик, мени өзгөчө таң калтырган далилдер — мен жеке тааныган же окуган адамдар Машайакты жолдоо чечимин кабыл алышкандан кийин, алардын жашоолору мыкты болуп калгандыгы эле. Алар Машайакка окшошуп баратышты, кайрымдуурак, чынчылыраак боло башташты. Алар сүйүүгө жана жакырлар менен кыйналагандардын муктаждыгына жардамдашуу жөндөмдүлүгүнө ээ болушту. Менин эсимди тандырганы — Ыйсанын аты жарыяланган жерлерде бүтүндөй элдин тагдыры жакшы жагына өзгөргөнү болду. Эгер Машайак адамдардын жүрөгүн жана алардын жашоолорун өзгөртө ала турган күчкө ээ болбосо, ушундай болушу мүмкүн болмок беле? Бир гана Кудай муну кыла алат. Ойлонуп туруп, Тарик баш ийкеди. — Бул чын. 46 Далиянын агасынын бөлмөсүнө кирип, эшикти артынан жапты да, Тарик керебетке жата калып өмүрүндө биринчи жолу Жаңы Келишимди окуп кирди. Ал биринчи китепти ачты — Матайдын Жакшы Кабары — башын көтөрбөстөн, бир нече саат окуду. Ал ошондой эле Марктын, Луканын жана Жакандын Жакшы Кабарын окуп чыкты. Бул бир нече сааттын ичинде Ыйса Машайак жөнүндө көптү билип калды. Ал мына буларды, Мариям кыздан туулгандыгын, Назареттик уста кантип сокурлардын көзүн ачканын, дүлөйлөрдү угузганын, ал эми аксактар менен шал оорулууларды бастырганын, ал тургай так секирткенин билди. Ал жиндерди кууп жана өлгөндөрдү өмүрүнө кайтарды — алардын бири көрүстөндө толук төрт күн болгон эле. Бирок бардыгынан Тарикти, Ыйсанын айткан ойлору, окутуусу жана үлгү-насаат аңгемелери кызыктырды. Ал Матайдын Жакшы Кабарындагы Тоодогу насааттын үстүнөн ой жүгүрттү. Ыйса айткан: «Байыркы мезгилде жашагандарга: “Киши өлтүрбө. Ким киши өлтүрсө, ал жазага тартылат”, — деп айтылганын уккансыңар. Мен болсо силерге мындай деп айтамын: “Бир тууганына жөнү жок ачууланган ар бир адам жоопко тартылат. Бир тууганын «келесоо» деген адам синедрион алдында жоопко тартылат, «акылсыз» деген адам болсо оттуу көлгө түшөт”» (Мт. 5:21–22). Ал эч качан адамдар ортосундагы мамилелерге ушундай кыр алдынан караган эмес. Ал окуганын улантты: «Силер: “Жакыныңды сүй, душманынды жек көр”,— деп айтылганын уккансыңар. Ал эми Мен силерге мындай демекчимин: душманыңарды сүйгүлө, силерди каргагандарга батаңарды бергиле. Силерди таарынткандар үчүн жана куугунтуктагандар үчүн сыйынгыла. Ошондо силер асмандагы Атаңардын уулдары болосуңар. Анткени Ал Өз күнүн жаманга да, жакшыга да тийгизип, жамгырын адилеттүүгө да, адилетсизге да жаадырат. Силерди жакшы көргөндөрдү гана жакшы көрсөңөр, силерге кайдагы сыйлык? Салык жыйноочулар деле ошентишет эмеспи» (Мт. 5:43–46). Мында маңыз-ой бар, бирок жакынына ушундай мамиле кылууга ким жөндөмдүү? «Ошондуктан асмандагы Атаңар кандай жеткилең болсо, силер да ошондой жеткилең болгула» (Мт.5:48). Анын окуганынын баары оозун ачырды. Кадыресе адам буга окшогондун эч нерсесин айта алмак эмес. Бул Ыйса — айраң-таң кылдырган инсан! Аны уят менен өзүнүн жер менен жексен кылуу сезими тутуп алды. Көп учурда башка адамдарга багытталган, ал тургай өз бир тууганына болгон ачуулануу менен эмне кылса болот? Өз каары соттоло турганын Тарик түшүндү. А душандарды сүйүү чакырыгычы? Эгер ага досторун сүйүү ушунчалык оор болсо, душмандарын сүйө алабы? Лемьени, Годдарды жана Клодетт Рэмзини сүйө алабы? Ыйсанын өмүр таржымалын окуй, жашоосу Анын билдирүүсүнө чындыгында шайкеш келерине анын көзү жетти. Тарикке окшоп, Ал душмандарынан качкан жок. Камактан качуу үчүн, Ал калп айткан жок. Ал душмандарына айбат көрсөткөн жок, тигилер Аны бакта бастырып киришкенде, а Петир Ага болуша ыйык кызмат кылуучунун кулунун кулагын шылый чапканда Ыйса аны зекип, кылычын жоготууну буйруду. Ал кылыч көтөргөндөрдүн бардыгы кылычтан өлө турганын айтты. Тарик токтолбой окуду. Ал болушунча батыраак Ыйса тууралуу баарын билгиси келди. Ушунча жыл жашап кантип ушундай болсун, ал Аны билген эмес? Жакандын Жакшы Кабарын 19-бапка чейин окуп келип, оозун ачып эле калды. «Ушундан кийин Пилат Ыйсаны камчы менен сабаттырды. Аскерлер тикенектен таажы өрүп, Ыйсанын башына кийгизишти да, үстүнө кочкул кызыл түстөгү чапан жабышты. Анан алар: «Салам, жүйүт Падышасы!» — деп, Аны жаакка чапкылашты» (Жкн. 19:1–3). Өмүрүндө биринчи жолу Анын өлүм жазасынын ийне-жибине чейин билди. «Акырында Пилат Ыйсаны айкаш жыгачка кадатуу үчүн, алардын колуна салып берди. Алар Ыйсаны алып кетишти. Ыйса өзүнүн айкаш жыгачын көтөрүп, «Баш сөөгү» деп аталган жерге жөнөдү. Бул жердин эврейче аталышы — Голгофа. Аны ошол жерде айкаш айкаш жыгачка кадашты. Ыйсанын эки жагына дагы эки адам айкаш жыгачка кадалды» (Жкн. 19:16–18). Мындан аркысы аны абдан толкундатты. «Ыйса кадалган айкаш жыгачтын жанында Анын энеси, таежеси, Клеопанын аялы Мариям жана магдалалык Мариям карап турушкан эле. Ыйса энесин жана анын жанында турган сүйүктүү шакиртин көргөндө: «Аял! Бул сенин уулуң!» — деди. Андан кийин шакиртине: «Бул эми сенин энең болсун!» — деди. Ошол убакыттан баштап, ошол шакирти Ыйсанын энесин колуна алды. Ошондон кийин Ыйса баары аткарылганын билип: «Суусадым», — деди. Ыйык Жазуудагы сөздүн аткарылышы үчүн ушундай болду. Ошол жерде ачуу ичимдик куюлган бир идиш турган эле. Аскерлер ага соргучту малып, аны иссоп бутагына байлап, Ыйсанын оозуна такашты. Ыйса аны таткандан кийин: «Аткарылды!» — деди. Анан Анын башы шылк дей түштү. Ошентип, Ал жан берди» (Жкн. 19:25–30) Ал мына буларды, Ыйсаны кандай сабашканын, шылдыңдашканын жана асышканын окуду, жүрөгү анын канталады. Ал мына буларды, Мариям айкаш жыгачтын алдында туруп, көз алдында өлүп жаткан өз баласын карай кандай азаптарды баштан өткөрүшү керектигин ойлоду. Ыйса айыпсыз эле, адилетсиз соттолгон, кылмыш кылбай туруп, өлүмгө чегилген. Ал Өзүнүн азап тарткан энесин көрүп, Өзүнүн мойнунда турган азаптарына караганда да, анын мүшкүлүнө артык кайышып турду. Ал анын камын Өзүнүн ишенген шакиртине тапшырды. «Ыйса айкаш жыгачка кадалган жерде бир бак бар эле. Ал бакта эч ким коюла элек бир мүрзө бар болчу. Ал күн жүйүттөрдүн жума күнү болгондуктан, алар Ыйсанын сөөгүн ошол мүрзөгө коюшту. Жуманын биринчи күнү эртең менен эрте, жарык кире электе магдалалык Мариям мүрзөгө келип, анын оозундагы таштын жылдырылып калганын көрдү. Ошондо ал Шымон Петирге жана Ыйсанын сүйгөн шакиртине жүгүрүп барып: «Теңирибизди мүрзөдөн алып кетишиптир! Аны кайсы жерге коюшканын билбейбиз», — деди» (Жкн. 19:41–20:2). Тарик түнү бою окуп чыкты. Чындыкты билүүнү жана өзүн кызыктырган суроолордун жообун тапкысы келгенин сезди. Канчалык арбын окуган сайын, бул таң калыштуу китептен ошончолук жоопторду таап алып жатты. «Петир менен ошол шакирт дароо мүрзөгө бет алышты. Экөө тең чуркап бара жатышты. Тиги шакирт Петирге караганда батыраак чуркап, мүрзөгө биринчи жетти. Ал мүрзөнүн ичин эңкейип карап, кепинди көрдү, бирок мүрзөгө кирген жок. Анын артынан Шымон Петир жетип келип, мүрзөгө кирди. Ал кепинди жана Ыйсанын башын орогучту гана көрдү, бирок орогуч кепин менен бирге эмес, оролуу боюнча бөлөк жаткан эле» (Жкн. 20:3–7). «Ошол эле күнү кечинде, жуманын биринчи күнү, Ыйсанын шакирттери бир үйгө чогулуп, жүйүттөрдөн корккондуктан, эшиктерин бекитип алып отурушкан эле. Ошол учурда Ыйса келип, алардын ортосуна турду да: «Силерге тынчык болсун!» — деди. Ушинтип айткандан кийин, Ыйса аларга Өзүнүн колдорун, буттарын жана кабыргаларын көрсөттү. Шакирттер Теңирди көрүп кубанышты» (Жкн. 20:19–20). «Ыйса шакирттеринин көз алдында көптөгөн кереметтерди көрсөттү, бирок бул китепке алардын баары жазылган жок. Булар болсо Ыйсанын Кудайдын Уулу, Машайак экенине ишенишиңер үчүн жана ишенип, Анын ысымы аркылуу өмүргө ээ болушуңар үчүн жазылды» (Жкн. 20:30–31). Түн байкалбай өтүп кетти. Петирди курчап турган тоо артынан күн көтөрүлдү. Болгону бир эле түндө ар бир сөзгө ой жүгүртүү менен Жаңы Келишимди окуп чыгып койду. Алар, окуп чыккандары, аны тартып турду, тамшандырды жана эс тандырды. Ал Жакандын Жакшы Кабары менен бүтүндөй туткундалды. Жакан Ыйсага бөтөнчө жакын эле. Ал өзүн «Ыйсанын сүйгөн шакирти» деп атаган. Анын Жакшы Кабары — бул Анын сөздөрү, кереметтери, өлүмү жана тирилүүсү тууралуу күчтүү, туура жана даана жазылган Ыйсанын өмүр жол баяны. Ал Анын кулк-мүнөзүн жана окутуусун түшүнө, Ага сүйүүсүн көрсөткөн — анткени ал ар дайым Ыйсага башка бардык адамдар караганда жакын болгон. Тарикке Ыйсанын башкы шакирттеринин бири болгон, Анын кызматынын биринчи күндөрүнөн айкаш жыгачка кадалуусуна чейин коштоп жүргөн Петирдин сөздөрү жаңыргандай болду: «Анткени Теңирибиз Ыйса Машайактын күчү жана Анын келиши жөнүндө силерге куулук менен ойдон чыгарылган тамсилдерге негизденип айткан эмеспиз, биз Анын улуулугун өз көзүбүз менен көргөнбүз» (2 Пет. 1:16). Бул Ыйса Машайактын улуулугуна чындыгында күбө болгон жана каттарында аны бүт дүйнөгө жарыялаган шакиртинин сөзү эле. Тарикти Петирдин жашоосунда болуп өткөн өзгөрүүлөр таң калтырды. Ыйса аны чакырды, тор оңдоп, балык уулоону кыялданган балыкчыны адам кармоочу кылуу үчүн чакырды. Ыйса Петирге алдын ала, тиги Андан үч жолу баш тартаарын айтты, ал муну Ыйса сот, келекелөө жана өлүм жазасы алдында турган кезде жасады. Бирок, анан бир нерсе болуп кетти, мына коркок эр жүрөк, баатыр эрге айланды. Иерусалимде ал калдайган калың элге кайрылып, кайраттуулук менен бекем ишенгендик менен, «Алар айкаш жыгачка кадаган ошол Ыйсаны Кудай Өзү Теңир жана Машайак кылды» (Элч.иш. 2:36),— деп жар салды. Ал Машайакты бардык жерде, каршылыктарга, куугунтуктарга жана өлүмгө карабай жарыялап жүрдү, анткени ал өзү Аны уккан, көргөн. Ал дүйнөгө күбө болгон, чындыктын көзү менен көргөн, а чындыкты ыкчам жана тайманбай жар салуу керек. Ал Машайактын өлүп кайра тирилген чындыгын жашырып кое алабы? Жашоосу түп тамырынан өзгөргөн жалгыз эле Петир эмес болчу. Башка мисал Томас эле. Ал Ыйсанын тирилгенине алгачкы күбөлөр болгон башка шакирттерге ишенген эмес, ал мындай деген эле, Анын колдорунан мыктардын тагын, капталындагы жараатка бармактарымды салып көрмөйүнчө ишенбейм. Ошондо Ыйса ага көрүнүп, Өзүнүн колдорун, капталын көрсөткөндө, ал ишеним менен кыйкырып жиберди: «Теңирим менин! Кудайым менин!» (Жкн. 20:28). Томас толук ишенимге ээ боло, шектенүүдөн арылып, Ыйса Машайак бул Кудай, Ал — куткарылуунун жалгыз жолу жана Ага ишенген ар ким асмандагы түбөлүк өмүргө ээ болот, — деп жарыялады. Надим койчу, так ушу Томас Иракта, Индияда Жакшы Кабарды жар салган, ошол Машайакка ишенгени үчүн өлүм жазасына тартылган деп айтты. Ал дагы чындыктын күбөсү эле. Тарик ишеним үчүн азап тартып өлүшкөн Петир, Томас жана башка шакирттер, элчилер тууралуу ойлонду. Алар жалган үчүн мунун баарын баштан кечире алышмак беле? Тарик Жаңы Келишимден окуган нерселерине ишенди. Ал бул адамдар тууралуу айтылгандардын баарына — чындык,— деп толук ынанды. 47 Кирпик кага албасын биле, Тарик чуркоону чечти. Чолок шым, футболка жана кроссовканы кийип, колдон келишинче акырын боло, эч кимди ойготуп албоого тырышып батирден суурулуп чыкты. Чыгары менен, таң калыштуусу, чуркоодон кайтып келип калган Далияны жолуктурду. — Кутмандуу таң, — деди ал, жылмайа. — Салам, — кайрылды Далия өзгөчө эч шыктануусуз. Ал аны жүзүнөн сүйүүгө аракеттенгенде, ал ары жыла качты. — Эмне болду? — сурады ал. — Мында эмес, — жооп берди ал шыбырып, үргүлөп олтурса да, босого кайтаруучу алардын сөзүн угуп калышын каалабай. Ал аны жаңсагылап артынан чакырды да, көчө бойлоп чуркап кетти. Тарик аны кууп жете сурады: — Эмне болду? Мага ачууланып турасыңбы? — Сен эмне, келекелеп жатасыңбы? — сурады ал. — Аа, сен атаң менен анын ишеними жөнүндө сүйлөшкөнүм үчүн мага ачууланып жатасыңбы? — Сен чын эле түшүнбөйсүңбү? — Чын эле, жок, — деди Тарик. — Деги иш эмнеде? — Атам менен Ыйса туралуу жөн эле сүйлөшүүгө болбойт, Тарик, — жооп берди ал. — Ал таптакыр сөз өтпөс. Ал сенин машайакчы болушуңду талап кылат, болбосо мени менен кездешүүгө уруксат бербейт. Тойду унутуп койсоң деле болот. Той болбойт. Бардыгын бузгуң келип турабы? Сен мени сүйөсүң го деп ойлогом. — Мен сени сүйөм. — Анда эмесе Библия тууралуу сөз кылууну токтот. Алар эч бир жакшылыкка алып келбейт. — Бирок мага кызык. — Токтотчу, — деди Далия. — Тамашалап жатасың. — Мен чын эле айтып жатам, тамашасыз, — деди Тарик. — Сен мындай жол менен атамдын көңүлүн чаап алгың келип турат? Эч нерсе чыкпайт, же сен эмне машайакчы болосуңбу? — Ыйсанын жолдоочусу, — түздөдү аны Тарик, Нур койчунун сөздөрүн колдоно. — Айырмасы кайсы, — жооп берди, тастыктоодогу тамашаны аңдабаган Далия. — Укчу, — Тарик айтып кирди, — башында чындыгында сылыктык көрсөтө атаң менен достошконго талпындым. Ананчы эми, ага жаккым келет. Болбосо ал сени бирөөгө, Жусупка окшогон жардамчысына берип салат. — Токтотчу, — деди Далия, көзүн ала качып. — Бул эч качан ишке ашпайт. — Бул үмүт тутандырат, — деди Тарик. Алар Петр көчөлөрүндө дене чыңай чуркап баратышты. — Бирок иш мына мында болуп жатат, атаң канчалык айткан сайын, ошончолук ал менде куштарланууну козгоп жатты. — Бул чынбы? — Далияга буга ишенүү кыйынга турду. — Ооба, бул чындык, — жооп берди Тарик. — Атаң мага берген Жаңы Келишимди, түнү бою уктабай окуп чыкканым да чындык. — Бүтүндөй? — таң калды Далия. — Бүтүндөй, — деди Тарик. — Эмне үчүн? — Мага кызык болду, — жооп берди Тарик. — А сен билесиңби, Ыйса качандыр бир кайтып келе турганын? — Балким, — деди ал. Үнүндө анын шек бар эле. — Сен Ыйсанын кайра келерине ишенбейсиңби? — Билбейм, — деп жооп берди да, ал чукул бурум жасап, Тарикти чуркоону ыкчамдатышына мажбур кылды. — Билбейм дегениң эмне? — сурады ал, кайрадан ага катарлай жетип келип. — Мен билбейм, эмнеге мен ишенем, деги бул жөнүндө сөз кылгым келбейт. Ал дагы катуурак чуркап кетти, Тарик болсо артынан кыйкырып калды: — Укчу, эмнеден мынча коркосуң? 48 Годдар таң заарда турду да, жатаканасында сыр кошулган бутербродду шам-шум эте, кофе ичип, алты квартал ары жайгашкан Бейрут полициясынын борбордук бөлүмүнө аттанды. Ал түгөнүп жүдөгөн — ошо бойдон түн бою уктай албай койду. Ал өзүнө бетин ачууга болбой калган иштер жөнүндө, жообун таба албаган суроолорду берип чыкты. А эгер Марван Акккад Рафик Рэмзиден акча талап кылбаган болсочу? — деп ойлоду ал. — Эгер чындыгында эле Марван иниси менен Клодетт Рэмзини уурдабаган болсочу, алар тастыкташкандай, а аны табууга чамынышкан болсочу? Эгер эч ким Клодетт Рэмзини уурдабаган болсо? Эгер мунун бардыгын ал өзү ойлоп чыгып, азыркы учурда Бразилияда жашырынып жүрсөчү? Эгер Марван буга жана бул жарыкта өтө эле узак өмүр сүрүп жаткан бардар күйөөгө каршы анын чагымына далилдерди тапкан, — Рафик Рэмзиге жардамдашкан дейли? Эгер Клодетт жана анын тил биргелери бул тууралуу билип калышып, биринчи болуп сокку берүүнү чечишсечи? Мындай окуя Рэмзинин өлүмүн, «Меридьендеги» унаанын жарылуусун жана ок атууларды да түшүндүрө алмак. Бирок эмне үчүн Марван бийликке жардам бербестен качып жүрөт? Анан Рания Фаваз менен кошунасынын өлүмүн кандай түшүнсө болот? Годдар кеңсеге келип жетти, жеке тастыктамасын көрсөтүп, кармалгандар менен жолугушууну күтүп турду. Ал ой толгоосун улантты, башында анын эки жандырмак бышып жетилди: же Марван айыпкер, мына ошондуктан Лемье эсептегендей полициядан жашырынып жүрөт, же Марван Аккад айыпсыз жөн эле күбө болуп саналат, бирок кайсы бир себептер менен полицияга ишене албайт. Кайсы себептер менен? Телефон чырылдады. Бул Лемье эле. — Алло. — Менде из бар, — деди Арбак. — Мароккандык кызмат Каир рейсине Марван олтуруп жаткан жазууну табышкан. — Эмне үчүн ушунча узакка созуп табышкан? — сурады Годдар. — Мен да муну билгим келмек, — деди Лемье. — Бирок кеп мында эмес. Кантсе да азыр бул маанилүү эмес. Маанилүүсү бул анын «Тарик Жамил» ысымын колдонгонунда. Мисир полициясы анын келип конгонун ырастады. Сиз билгендей, жалпы маалымат каражаттары анын сүрөттөрүн беришкен, дагы биз менен Гелиополистен адам байланышка чыкты. Ал Тарик Жамилге ижарага үй берген, бирок бул Тарик жакында Далия Нур деген кыз менен кетип калган. Алардын кайда кеткенин билбейбиз, бирок аларды изилдөө менен алекпиз. Бул көп убакыт кармабашы керек. — Мен сизге жардам бере аламбы? — сурады Годдар. — Дагы бир жолу Рами менен сүйлөшүп билиңиз, ага эмне маалым экен, — азыр эле жөнөңүз! Анан дагы мени куру жалак калтырбаңыз, Годдар, күндүн аягына чейин мага Марвандын башы мискейчеде болушу керек! Годдар түшүнгөнүн айтар замат байланыш үзүлүп калды. Дал ошондо ага Дювалдан кабар түштү. Годдар көргөн көзүнө ишене албай турду. Ал бардыгын туура түшүнүп турганына ынаныш үчүн, катты кайрадан дагы бир жолу окуп чыкты, ал таштай болуп катып калды. Ой анын эсин ушунчалык оодоргандыктан, жүрөк талуусуна сокку жегендей эле болду. Бардыгы ордуна келе түштү. Кантип муну мурдараак көрө алган жок? Кантип түшүнгөн жок? Бардыгынан жаманы бул болду, анда дээрлик убактысы калган жок эле. Түрмөгө чейинки кармалуу абакка кире бериш алдында Годдар сержантка куралы менен телефонун өткөзүп, тастыктамасын көрсөтүп кол койду. Абакка кирип, ал Рамиге суроолорду жаадырды. Ал убакытты текке кетирүүгө өзүнө жол бере албайт. — Агаңыз Тарик Жамил деген документтерди колдонот, ушундайбы? Раминин кебете кешпири анын тууралыгын ырастап турду. — Ал Каирден алыс эмес, аэропортко жакын жерден, Гелиополистен ижарага үй алган, ушундайбы? Арсар боло, Рами баш ийкеди. — Агаңыз иликтөөнү алып баруучу бирөө ага бут тосуп жатат деп эсептейт, туурабы? Рами кайрадан этият баш ийкеди. — Жана сиз Клодетт Рэмзини табыш үчүн, Бразилияга өз кишилериңизди жибердиңиз, анткени сиз Марван экөөңөр, ал өз күйөөсүнөн акча өндүрүп жатат деп ойлойсуңар, ушундайбы? — Ушундай. — Марван болсо сиз Рэмзи мырзайымды таап, агаңызды ким өлтүрүүгө аракет кылганын билгенге чейин жашырынгысы келет? — Так ушундай, — бекемдеди Рами. — Бирок көйгөй мына мында болчу, сиздин балдарыңыз Рэмзи мырзайымды таап алганда эле сиз аны кимге тутуп берүүнү чече албадыңыз, мына ошондуктан аларга келерки көрсөтмөлөрдү күтүүнү буйрудуңуз? — Ооба, сэр. — Азыр болсо сиз камалып турасыз, а инспектор Лемье мына-мына агаңызга чыгат да, аны түрмөгө жөнөтөт, эгер алдыртан өлтүрүп койбосо, ушундайбы? — Эмнеге сиз муну мага айтып жатасыз, инспектор? — сураду Рами. — Сиз эмнени сунуш кыласыз? — Аккад мырза, — жооп берди Годдар, — мен азыр толук ишенем, агаңыздын күнөөсү жок. — Мен муну башынан бери эле айтып келдим. — Болуптур, азыр сизге ишенем. Ошондуктан мен бул изилдөөдө ким «сокур чычкан» экенин билем деп ойлойм. Рами көздөрүн чоң ачты. — Ким? — Марсель Лемье. Рами үшкүрүндү. — Башкы инспекторбу? Толук ишене аласызбы? — Эми, ооба, — деди Годдар. Ал Рамиге анын телефонун тыңдоого алган уруксаттан тышкары, анын электрондук кат кампасын карап чыгууга да расмий кагаз алганын жана андан Колетт Дюваль жогорку кызматта олтурган адамдан француз тыңчылыгына болгон кабарлоосун тапкан. — Бул Пьер, биз көп жылдан бери таанышпыз, — деди Рами. — Ал таза. Мен андан эмнени билүүгө мүмкүн болсо, ошону алып берүүсүн жөн эле өтүнгөм. — Ооба, мен билем, — деди Годдар. Бирок бир нече күн мурун ал сизге сиз Багдадда жүргөнүңүздө жиберген каты эсиңиздеби? — Лемье Француз тыңчылыгынан аларда Марванга болгон бардык документтердин көчүрмөсүн сурап алгандыгын ал жазган? — Ооба, — ырастады Годдар. — А эмне болуптур? — сурады Рами, акылы жетпей. — Агам Рафик Рэмзинин өлтүрүлгөн убагынан бери эле Лемьенин негизги күмөнү. Марванга тиешелүүнүн баарын изилдегени турган кеп эмеспи? — Сөзсүз, — макул болду Годдар. — Бирок Дюваль бул кабарды окуп чыгып, ал Француз атайын кызматына Лемье маалыматтарды качан сурап алган деген суроолор менен кайрылган. Марван Монте-Карлодо Рэмзиге жолукканга чейин үч күн мурун мунун кылганы билинди. — Өлтүрүлгөнгө чейин үч күн мурун? — сурады Рами. — Кандай болушу мүмкүн? — Бир гана жандырмак болушу мүмкүн, эмнеге Лемьеге агаңыз тууралуу маалымат алдын ала керек болгон, — деди Годдар. — Ал Рэмзи мырзайым акча өндүрүп жатканын таап алган Марванды Рэмзи жашыруун жалдаганын билген. Бул үч күндүн ичинде Лемье Рэмзи мырза менен агаңызды өлтүрүштү ойлонуштурган жана Рэмзи мырзайымды Сан-Паулодон кетип, тоолордо жашырынып турушун эскерткен. Айтмакчы, сиз сиздин кишилериңиз курчап алган, Рэмзи мырзайым күтүп олтурган үйдүн кожоюуну ким болорун билесизби? Рами баш чайкады. — Лемьенин агасы. — Тамашаңызбы? — Кыпындай да. Муну Дюваль тапты. Жаңы эле андан мага кабар түштү. — Токтоңузчу, — деди Рами, — мындан чыкты, Рафик Рэмзини өлтүрүү иштери боюнча башкы тергөөчү — бул кылмыштын уюштуруучуларынын бириби? — Ушундай деп, корком. — Анда тиги, агамдын артынан ууга чыккан неме, аны кармоону көздөбөйт, — ал аны өлтүргүсү келет? — Бардык далилдерге ылайык, ооба. — Лемье канчалык Марванга жакын турат? — сурады Рами, өңүнөн анын болгон кабатырланганы чагылып турду. — Өтө жакын, Рами, — моюнга алды Годдар, — мына ошондуктан сиздин жардамыңыз мага керек. Анын кайдалыгын мага айтыңызчы, мен аны кармайм, ошондо Лемьеге каршы айыптоо козгоп жана камакка алганыма чейин, ал менин коргоомдо болот. Бул оңойго турбайт (Лемье Европанын тартип коргоочулары үчүн — баатыр), бирок сиздин жардамыңыз менен мен муну орундай алам. — Мен жардам бермек элем, Годдар мырза, — деди Рами, — бирок мен билбейм, агамдын азыр кайда турганын. Мен аны спутник телефону боюнча гана таба алам, ал андан гана чалууну кабыл алат. Бирок мени камакка алышканда, ал кайда жоголду билбейм. — Телефонуңуз менде, меймаканада, — деди Годдар. — Мен аны эгер агаңыз чалар болсо деп, ыңгайлуу кезге сактап турдум. Жүрүңүз. Годдар Рами Аккадды чыгарганга керектүү болгон кагаздарга кол койду, анан куралын, телефонун кайра алды. Алар полиция кеңсесинин имаратынан чыгышты, такси кармап мейманканага шашышты. 49 Тарик душка түшүп, кийинди да, таңкы даамда Нурдун үй-бүлөсүнө кошулду. — Бүгүн эмне кылабыз? — сурады Далия. — Келгиле, бүгүн бир нерсе кылалы, мисалга, шаар кыдырабыз. (Бул: «Келгиле Ыйса жөнүндө сөз козгобойбуз, — дегенди билдирет деп ойлоп койду Тарик.) — Надим, кел бүгүн сен дем алышка чыгасың, Тарик менен Далияны Набатейлер үңкүрү менен Фараондор казынасына алып барып келебиз, — деп сунуш киргизди Нур мырзайым, баарына кофе куя. — Эң сонун ой, апа, — деди Далия. — Тарикке бул кызык болот деп ойлойм. — Силер анда болдуңар беле? — сурады Нур койчу. — Жок, сэр, — жооп берди Тарик, — бирок бул жайлар тууралу көп уккам. — Мунун баары туура, — деди Нур койчу. — Байыркы шаар — бул чынында эле укмуш, көңүлгө аларлык. Ал капчыгайларда оюлган. Петр гүлдөгөн соода түйүнү жана набатей кенчи сакталган Набатей падышачылыгынын борбору болгон. Далияныкы ырас, сизге кызыктуу болот. — Анда азыр кимдир бирөөлөр жашайбы? — Жок, калаа ээн. Андан саякатчылар менен белек-бекче, серүүн суусундук сатуучуларды гана кездештирүүгө болот. Бирок көптөгөн машайакчылар — алардын ичинде мен да — элчи Жакан Аян Китебинде жазып калтырган, Кудай ага баш панаа болууну даярдап койгон деп эсептешет (Аян 12: 6,14). — Ата, — деди Далия, — ар эки секундда Библияны сөз кылбай, жай тамак жей алабызбы? — Жан кызым, биз Библия окуялары болуп өткөн Иорданияда, Жакынкы Чыгышта жашайбыз. Так мына ушу жерде Кудай Өзүн дүйнөгө Ыйса Машайак аркылуу көрсөтүүнү ылайык көргөн. Мында Библиянын жери менен таман басып жүрөбүз. Чеңгел жер казып эле, Библиянын чындыгын күбөлөндүргөн жаңы далилдерди табабыз. Далия жооп кайтаргысы келди, бирок Тарик аны оозуп кетти. — Ии, Нур койчу, кечээ кечинде айткандарыңыз тууралуу көп ойлодум, менде толгон токой суроолор да пайда болду. Бир нече мүнөтүңүз барбы? — Албетте, Тарик. — Мына дагы, башталды, — деди Далия, кофеден ууртай, көзүн жүлжүйтө. — Кечирип кой, Далия, — акырын айтты Тарик, — бирок бул мага кызык. Бул көп деле колду кармабайт. Бирок бул колду далайга кармады. Тарик жана Нур койчу таңкы дасторкон үстүндө Библия тууралуу кепке киришти. Алар Набатей шаарына жол арасында, байыркы Петрдин борборуна капчыгай аркылуу баратканда кебин улантып олтурушту. Далия кепке кошулуудан качып турду. Ал энеси менен бала чагы тууралуу кеп козгойун деди, бирок тиги эркектердин кебине кулак түрүп турду. — Бирок Жаңы Келишим Ыйсадан кийин көп мезгил өткөндө жазылган эмеспи, ошол үчүн, демек, ал Анын сөздөрүн так бере албайт, — деди Тарик, машайакчылыктын «бекемдигин» сынактан өткөрө. — Ооба, бир нече скептиктер (коопчулдар) тастыктоого далбас урушкан, — жооп берди Далиянын атасы, — Жаңы Келишим китеби Ыйсадан жүздөгөн жылдар кийин жазылган деп. Чынында эле иш жүзүндө ал толук бир далай мурун жазылган — Машайактын өлүп тирилгенинен бир нече ондогон жылдар кийин. Археологдор Жакшы Кабардын биздин замандын 50–66 ж.ж аралыгында жазылганын табышкан. Тарик таң калды: — Демек окуяларды көргөн адамдардын тирүү кезинде. — Так ушундай. Мына ушу баяндын тактыгына кепилдик болот. Эгерде жаңы келишимдик айтуулар окуяларды бурмалаган болсо, аларды көзү менен көргөндөр унчукпай калыша бермек эмес, бир аракетин кылышмак. Петир, Ыйсанын кереметтерин баяндай угуучуларына, Кудай Ыйса жөнүндө алардын арасында кудуреттүү иштер, кереметтер жана жышаандар менен күбөлөндүргөнүн, эми аларды билгендерин күбөлөндүрүүгө чакыргандыгын айтат (Эл.иш. 2:22). Адам көргөнүн өзгөртө алабы? — Жок, өзгөртө албайт, — ырастады Тарик. — Уильям Олбрайт деген сизге тааныш ысымбы? — Жок, ал жөнүндө эч качан уккан эмесмин, — деди Тарик. — Бул эң белгилүү библиялык археологдордун бири, — деди Нур койчу, анан, асма баштыгын казып, ал жактан «Жөн эле уста болбогон» китебин сууруп алды да, аны ачып, Тарикке сунду. — Мына бул жерден окуңуз. Тарик Далиянын атасы сейилге чыкканда да Ыйсанын китебин алып аларына таң калды. — Тыякта дагы эмнеңиз бар? — күлдү ал. — Өлүк деңиздин түрмөк кагазыбы? — Жок, Библия, суу жана жемиштер эле, — жооп кылды күлүп Надим. — Жемиш жейсизби? — Жок, сэр, ырахмат. Азыр бул китепти окуйм. Тарик башын чайкап турган Далияны карап алды да, окуп кирди. «…эми биз толук ишеним менен минтип айта алабыз: Жаңы Келишимдин китептери б.з. 80 жылдарына чейин жазылган деп эсептөөгө толук негиздер бар — демек, б.з 130–150ж.ж деп берилген, ушу күндөрдөгү Библиянын эң радикалдуу сынчыларынын айткандарынан, толук эки муунга эрте». (Жош Мак-Дауэлл. Жөн эле уста болбогон. — М.: «Остожье» басмаканасы, 1992. — 42–43 бет.). Ал токтой калып, Нур койчуга карады. — Анда дагы бир үзүндү бар, — деди тиги. — Уильям Рэмзи мырза дагы бир атактуу археолог, ушунун эле өзүн айтат. Эгер кааласаңыз, сизге дагы Жаңы Келишимдин китептери окуялардын замандаштары жазганын тастыктаган, ондогон китептерди сунуштайм, мындан ишенүүгө татыктуулук келип чыгат. Айтыңызчы, кимдер аларды жазган? — Ыйсанын шакирттери менен жолдочуулары, туурабы? — жооп берди Тарик. — Туура. Авторлору шакирттери менен жолдоочулары болгон. Алар күбөлөр эле! Мына ошондуктан Библия чындыкка ылайык. Алар Ыйса менен бирге жашашкан, Аны угушкан, Аны көрүшкөн, Аны менен бирге басышкан. Жакшы Кабарды, үч катты жана Аян Китебин жазган элчи Жакан мындай деп айткан: «Эң башында Өмүр Сөзү болгон. Аны биз угуп, өз көзүбүз менен көрүп, карап, колубуз менен кармап көргөнбүз. Өмүр келди, аны биз көрдүк жана Ал жөнүндө күбөлөндүрүп жатабыз. Ата менен бирге болуп, бизге келген ошол түбөлүк Өмүрдү жарыялап жатабыз. Силер менен биздин ортобузда мамиле болуш үчүн, биз силерге укканыбызды жана көргөнүбүздү жарыялап жатабыз. Ал эми биздин мамиле — Ата жана Анын Уулу Ыйса Машайак менен болгон мамиле» (Жкн. 1:1–3). Демек, Жакан ким болгон? — Аны күбө болгон деп айтаар элем. — А дагы, — сөзүн улады койчу, — Кудайдын берген ачылышы боюнча элчи Пабыл айтат: «Ыйык Жазуунун бардыгы Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган жана үйрөтүү үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн, адилеттүү болууга тарбиялоо үчүн пайдалуу» (2 Тим. 3:16), а элчи Петир бизди: «Себеби пайгамбарчылык эч качан адамдын каалоосу менен айтылган эмес. Аны Кудайдын ыйык адамдары Ыйык Рухтун жетеги менен айтышкан» — деп ынандырат (2 Пет.1:21). — Кызык экен, — деди Тарик. — Жөн эле кызыкпы? Тарик бул суроого эмне дээрин билбеди. — Абдан кызык, — кошумчалады ал, китепти кайрып бере. — Кызык, бирок сиз толук ынанбай турасыз? — деп сурады койчу Тариктен. Тарик ийиндерин куушурду. Азыр баш-отун, жан дүйнөсүндө бийлеп турган баш аламандыкты, Нурлардын билүүсүнүн кереги жок. Алгач ал өзү баарын караштырып тартипке келтириши керек. 50 — Бизде маселе бар, — деди Рами. Ал Годдардын мейманканадагы бөлмөсүнөн Бейруттун борборуна карап турду. — Кандай? — Марван жооп бербей жатат. — Дагы бир ирет аракет кылып көрүңүз, — деди Годдар, ары-бери баса. — Төрт жолу чалып көрдүм. — Бул эмнени билдириши мүмкүн? — Бул же телефон өчүрүлгөнүн, же аны жанына албаганын, же… Рами сөздү аягына чыгарбады, бирок мунун кереги деле жок эле. Годдар тигинин эмне дегиси келгенин түшүндү. Марван Аккадды кармап же өлтүрүп коюшу мүмкүн эле. — Кабатырланбаңыз, — деди Годдар. — Аны табабыз. — Баары жайында болот. Буга анын ишенгиси келип турду. Кокус телефону чырылдай калды. Бул Дюваль эле. Годдар тутканы көтөрдү. — Эмне бар сизде, Колетт? — Кайда жүрдүңүз? — сурады ал. — Сизди ала албайм. — Кеңседе болдум, — түшүндүрдү Годдар, — анда телефон колдонууга болбойт. Эмне болду? — Кабарымды алган жоксузбу? — Жок. — Лемье сизге эки жолу чалды, — деди Дюваль. — Ала албагандыктан кутуруп кетти, сизди табышымды талап кылды. — Лемьеге эмне керек? Рами Годдарга бурулду. — Ал айткан эле, Египет кызматы Тарик Жамилди жана кызды Шарм-Эль-Шейх мейманканасына чейин көзгө алган. — Жакшы. Токтоосуз мага учууга билет камдаңыз. — Бул баары эмес, — сөзүн улады Дюваль. — Алар мейманканадан көчүп кетишип, таксиде Нувейбага, а андан кеме менен — Акабга жөнөшкөн. — Иорданияга? — сурады Годдар. — Эмнеге Иорданияга? — Кыз ал жактан. — Анын аты ким? — Далия Нур. — Бир мүнөткө, Колет, — деди Годдар. Ал Рамиге бурулуп Далия Нур ага тааныш ат эмеспи деп сурады. — Жок, — жооп берди Рами. — Бирок бир нече күн мурун Каирден кетиши керектигин агама эскерткен элем. Балким, ал бул кызды өлкөдөн кетиш үчүн колдонгон чыгар. Годдар телефондон сөзүн улантты. — Ал кайсы калаадан экен? — Петрден, — жооп берди Дюваль, — менде дареги бар. Ал Лемьеде да бар. Ал өз кишилери менен ал жакка жөнөп кетти. Годдардын жан дүйнөсү кысылып чыкты. — Алар сапарын Иордан бийлигине кабардар кылышканбы? — Жок, сэр. — Египет полициясынан кимдир бирөөнү кошуп алышканбы? — Жок, сэр. Годдар оюн бир жерге топтоо үчүн, үнсүз туруп калды. — Колетт, билесизби, Лемье тууралу мен эмне деп ойлойм? — Сиз ал «сокур чычкандын» өзү деп ойлойсуз. Ал Рэмзи мырзайым менен бирге иштейт деп. — А сиз кандай ойлойсуз? — Акыркы сааттарда белгилүү болгондорго таяна, мен да ошондой ойлойм. — Биз муну далилдей алабызбы? — Азырынча жок, сэр, — деди Дюваль. — Бизге көбүрөөк убакыт керек. — Бизде башка убакыт жок. Эгер Лемье Марванды тапса, ал аны өлтүрөт. — Лемьени кармаш үчүн, Иордания бийлигине билдирүү жасайынбы? — Жок, — деди Годдар. — Алар колубузда болгондорго караганда, арбыныраак далилдер болмоюн, козголуп да коюшпайт. — Анда эмне чара көргүңүз келет, сэр? — Бир эле, чарам, Колет, Петрге мага вертолет уюштуруңуз. Мен аэропортко жөнөдүм. Жүрүңүз, Рами. Сиз мени менен барасыз. 51 Алар төртөө Набатейдин эски борборунда, аскаларга чегилген сарайлар менен ийбадатканалардагы кеменгерлердин көркөм чеберлерчилигине суктана, көптөгөн сааттардан бери кыдырып жүрүштү. Нур мырзайым багыттамадан окуп берди: «Петр — дүйнөдөгү эң таасир калтыруучу, түстүү атактуу көзгө урунаарлардын бири. Мында бир кезде гүлдөп турган калаанын ийбадатканалары жана таштан кесилген мүрзөлөр эң сонун сакталган. Бул жер байыркы замандан бери турак жай болуп келген, бирок набатейлердин келген мезгилине чейин, Петр жөн эле чөлдөгү кудуктан артык эмес эле. Б.з.ч. III жана б.з.I к. аралыгында мында падышачылыктын соода түйүнү болуп калган укмуш шаар курулган. Б.з 106 ж. Петр Рим империясынын карамагына киргизилген. Шаар IV к.да машайакчылык, VII к.да мусулмандык шаар болгон, анан XII к.да бул жерге кыска убакытка айкаш жыгач көтөрүүчүлөр келишкен. 1812-ж. шведдик изилдөөчү Якоб Буркхардт тарабынан Петр кайрадан ачылган». Аларды Грек түркүктөрү, пайдубалдары жана куймалары менен заңгыраган Аль-Хазна Кенч Сактагычтары тамшандырды. Алар тепкич менен туурасы 47, бийиктиги 40 метр болгон Эль-Деирдин асемделген монастрына — мурдагы бутпарастардын бутканасына көтөрүлүштү. Падышалардын маркум үйүнөн өтүп, түркүктүү көчөлөрдө баратып, алар Петрдагы барандуу жай болгон Каср-Эль-Бинт ийбадатканасына киришти. Акыры эми, алар Петрдун Сыйынуу үйүнө — Иорданиядагы эзелки кудайкызматы өтүүчү жайлардын бирине жетип келишти. «Доорунда зор эсептелген Византия базиликтеринин» ичи-сырты керемет мозаика менен кооздолгон. Багыттамага ылайык, Нур мырзайым белгилегендей, «Византия доорундагы Петрдин күндөлүк жашоосун майда-чүйдөсүн ачып көрсөткөн 152 түрмөк кагаздар табылган». Алар мына бул байыркы Машайактын жолдоочулары конушун карап жатышканда, Тарик Библия аңгемелери, Ыйса жана Анын окуучуларынын айткандары менен кылгандары чындыкка айкалыша тургандыгы жөнүндөгү темеларга кайра кайрылбай кое албады. Ал кайрадан суроо берип кирди. Бирок мына Нур койчу ага суроо узатты: — А сиз Жаңы Келишимдин кол жазмалары, байыркы ар кайсы түп нускалардан көп экендигин билесизби? — Эмнени айтайын деп жатасыз? — түшүнбөдү Тарик. — Бардыгы болуп археологдор тарабынан Жаңы Келишимдин түп нускалары бипбирдей болгон 24 миң байыркы кол жазмалары табылган (алардын кээ бирлери 130-ж. таандык), — деп түшүндүрдү Нур. — Бул эмнени далилдейт? — Бул биздин колубуздагы Жаңы Келишимдин көчүрмөсү биздин мезгилге чейин бурмаланбай жеткендигин далилдейт. Салыштуруу үчүн айтайын: кол жазмалардын саны боюнча Гомердин «Илиадасы» экинчи орунда турат, биз анын 643 түп нускасына ээбиз. Айтмакчы, бир тектүү эсептелген абдан көп байыркы адабият чыгармаларынын калган кол жазмалары өтө сейрек. Мисалга, Цезар «Галлдык согуштардын үзүндүлөрүн» болжолдуу түрдө б.з.ч. 58–50-жж жазган. Бирок биздин заманга алардын 9 же 10 эле көчүрмөсү жеткен жана алардын бардыгы ал өлгөндөн миңдеген же андан ашуун жылдардан кийин жазылган эле. Аристотель өзүнүн «Поэтикасын» б.з.ч. 343-ж. жакын жазган. Бирок анын эң байыркы көчүрмөсү б.з. 1100-жылдарына таандык, демек, 1400-жыл өткөндөн кийин жазылган, а бул чыгарманын болгону 49 гана көчүрмөсү бар. Ошентип айтайын дегеним, Ыйсанын шакирттери жазган көчүрмөлөрдүн тактыгына болгон шек саноо кайсы гана болбосун башка тарыхий документтердин тактыгына караганда азыраак болушу керек. — Мүмкүн, бирок, — каршы болду Тарик, — мунун баарынан, Ыйсанын жолдоочулары Ыйсанын так оозунан чыкканын жазган деп тыянак чыгарууга болбойт. Ал — Кудай деп, жаңы динди негиздеш үчүн алар Анын билдирүүсүн ойдон чыгарышкан эмес деп ким кепилдик кыла алат? — Алардын алдоосуна кандай себеп бар эле? — сурады Нур койчу. Узакка созулган жүрүштөн чарчай, бир кезде 7 миңдей көрүүчүнү камтыган байыркы театрга киришип, аскага кесилген олтургучка көчүк басышты. — Ата, токтотчу, ар кандай себептер болушу ыктымал, — бардыгынын оозун ачыра Далия кокусунан кепке аралашты, — ач көздүк, даңкка же бийликке умтулгандык — эмне гана болбосун. Рим империясы машайакчыларды оозуп кеткен жокпу? Алар Ыйсаны — Кудай, а алар — Анын жердеги өкүлдөрү экенин көрсөтө, байлык, бийлик тапкан эмеспи? — Сен, тамашалап жаткан жоксуңбу, кызым? — деп сурады атасы, бирок муну Тарик күткөнгө караганда жумшагыраак айтты. — Жок, мен болгонун болгондой айтып жатам, — жооп берди ал. Тарикти дирилдек басты. Ал эмне кылып жатат? Аларга азыр атасы менен талаш эч бир жакшылыкты алып келбейт. — Сен бир нерсени чаташтарып турасың деп корком. — А император Константин машайакчы болуп туруп, жыйынга зор байлык менен бийликти берген эмеспи? — деп сурады Далия, айтканын бербей. — Албетте, жок. Ооба ал машайакчы болуп калды, бирок, Далия, бул Ыйсадан 300 жыл кийин болгон. Ыйсанын алгачкы шакирттери жарды, билими төмөн балыкчылар жана Палестинанын Рим аймактарындагы салык жыйноочулар эле. Алар эч бир тиги, ошол, Ыйсанын өлүмү менен тирилүүсүн дүйнөгө айтып, байлык менен бийликке бөлөнөөрүн ойлоруна да алышкан эмес. Алар менен эсептешишкен эмес, аларды катаал куугунтукташкан, а Ыйса аларды Анын өкүлдөрү болууга тандап алган окуучуларынын, — элчилердин он бири, — азаптуу өлүм менен өлүшкөн. Алар так ошол үчүн, Машайактын тирилгенине жана Ыйса бул — Кудай экенидигине күбө болушканына көшөрүшкөндүктөн өлүм жазасына тартылышкан. Алар машайакчылар болгондуктан, аларды сабашкан, кыйнашкан, эң зөөкүр ыкмалар менен өлтүрүшкөн. Алардын алтоосун айкаш жыгачка асышкан, — а Петирди болсо башын ылдый каратып асышкан. Элчилердин экөөсүн кылычтап өлтүрүшкөн, Жакыпты таш бараңга алышкан, Томасты найза менен жара сайышкан. Он экинчи элчи болгон Жакан, ишеними, насааты үчүн Патмос аралына куугунтукталып, ошол жерде өлгөн. Ыйсаны ээрчигендиги үчүн он экисинин эч кимиси эч кандай материалдык же саясий жыргал алышкан эмес. Бирок алардын бирөө да, жада калса зомбулук алдында да Ыйсага ааламдын Кудайы жана адамзатынын куткаруучусу катары болгон ишениминен баш тарткан эмес. — Ушундай болсо болгондур, — жооп берди Далия, — бирок бул эч нерсени далилдебейт, — тарых жүрүшүндө, атаке, далай адамдар жалган үчүн жанын беришкен. Сөздү Нур мырзайым алды. — Ооба, көптөр жалган үчүн өлүшкөн. Далия, бирок, алар чындык жолундабыз деп ишенишкен эле. Сен эмне, элчилер байлык, бийлик табыш үчүн, Ыйсанын Анын кудайлыгын билдирүүсүн ойдон чыгарып алышкан деп ойлойсуңбу. Бирок бул далилдерге дал келбейт. Эгер Ыйса андайды айтпаган болсо, Өзүнүн кудайлыгын өлгөндөн кийин үчүнчү күнү тирилип ырастабаган болсо, Жаңы Келишим тастыктагандай, демек, элчилер мунун жалгандыгын билишкен. Сенин айтылган оюң боюнча, жалгандын жоопкерчилиги аларда жатаары келип чыгат. Бирок ойлоп көрчү: алар өмүрлөрүн жөн эле жалган үчүн эмес, бирок аларга саясий да, материалдык да жагдайдан эч нерсе бере албаган, өздөрүнүн жалганы үчүн өлгөндөрүн билдирет. Сен мындан кандайдыр бир маңызды көрүп турасыңбы? 52 Далия ойлонуп калды. Бир нече убакыттан соң, ал көңүлү чаппай көндү: — Чындыгында, мында маңыз жок. Анан да эч ким мындан маңызды таба алмак эмес. — Ыйсанын денесичи? — деп сурады атасы. — Ыйсаны өлгөндөрдөн тирилди деген билдирүүнү төгүнгө чыгаруу үчүн, анын кастарына болгону Ыйсанын денесин көргөзө салуу жетиштүү эле, мындай кылып эң башында эле машайакчылыкты жойсо болмок. — Эмне үчүн? — сурады Тарик. — Анткени аны эч ким таба албаган, — жооп берди Нур койчу. — Кимдир бирөө аны элчилер уурдап кетишкенин далилдеген. Бирок алардын жашоолорун канчалык изилдеген сайын, мунун мүмкүн эместигине ошончолук күчтүрөөк ынанабыз. Алардын эч кимиси мындайга жетишерлик эр жүрөк эмес эле. Мындан сырткары, туткунду жоготуу — жада калса ал өлүк болсо да — аларга өлүм жазасын билдирерин билген Рим аскерлери мүрзөнү кайтарып турушкан. Кантсе да Ыйсанын денеси дайынсыз. Жана Иерусалимдин бүт баары, Ыйсанын эң айыгышкан касташтары да дене жоголгонун билишти. — А башка бирөөнүн уурдашы мүмкүн эмеспи? — сурады Тарик. — Муну Рим аскеринин жанынан өткөн эч ким кыла алмак эмес, — жооп берди койчу. — А мунун кимге кереги бар эле? Еврей башчыларынабы — элдердин Ыйса өлгөндөрдөн тирилди деп ойлоп калышы аларга эч бир кереги жок эле. Так мына ошол үчүн, өлгөндөн үч күндөн кийин тириле турганын Ыйса айткандыктан, алар римдиктерден мүрзөнү кайтарууну өтүнүшкөн. — Сиз булардын үстүнөн көп ой жүгүрткөнүңүз айдан ачык болуп турат, сэр, — деди Тарик. — Ырас, мен тарыхий жана археологиялык документтерди көп убакыттар бою изилдедим. Так мына ошондуктан, Ыйсанын жолдоочусу болуп калдым, — күбөлөндөрүүлөрдү изилдедим да, өзүмө чечим чыгардым. Ыйса жөн эле жакшы адам болбогон. Ал жөн эле уста болбогон. Ал Өзүн ким деп атаса, Ошол болгон: «Жол, чындык жана өмүр Менмин. Атама Мен аркылуу гана барууга болот, Менсиз эч ким бара албайт» (Жкн. 14:6). — Сиз күнөөлөрдү кечирүүгө жалгыз жол — Ыйса экендигине толук ишенесизби? — Ооба, буга толук ишенем. — Асманга болгон да жалгыз жол? — Ооба, так ошондой. Тарик ойлонуп калды. Алдында анын байыркы шаар Петр мемиреп жатты. Жасаган күнөөлөрүн сезүү аны бууп турду. Алардын тизмеги узаргандан узарып жатты. Алардын эң башкысы калп, бирок башкалары да ушунча көп. Ал «Акыркы сот» деп аталган, папируска тартылган сүрөттү эстеди. Жүрөгү анын куш талынан алда анча жеңил эмес. Мындан чыкты, эгер ал бүгүн өлө турган болсо (Кудай гана сактасын!), бейишке жолу жабык. Ал түз эле тозокко аттанат. Мына ушул ой кунун учуруп турду. Куткарылуу — Ыйсада? Ал — Жол, Чындык жана Өмүр? Ал — бейишке жалгыз жол? Нур койчу: Ыйса бул Чындык, Анын айткандарынын бардыгы да — чындык, Ал жашоону да, адамды да өзгөртө алат дейт. Антсе да…? Бул суроону ачык берип алганын өзү билбей калды. Нур койчу ага бурулуп, сурады: — Антсе да эмне? Эмнени ойлоп жатасыз? — Эгер Библия, Жаңы Келишим кийинчерээк өзгөрүлгөн болсочу? Суроо Нур мырзайымды чочутту: — Библия? Өзгөрүлгөн? — Анткени муну көптөр айтышат. — Ал тургай эгер муну миң жолу айтса да, — Надим койчу жооп берди, — бул чындык болуп кала албайт. Муну айткандар — Машайак менен машайакчылыктын душмандары. Мага жооп бериңизчи, Тарик, качан жана ким тарабынан? — Качан? — Ооба. Качан ал өзгөрүп кетүүсү мүмкүн эле? — Качан болсо да. — Жок. Библия тээ алыскы убактан бери кол жазма түрүндө болуп келген, анан да бул кол жазмаларды ар ким карап чыга алат. Келиңиз Жаңы Келишим тууралуу сүйлөшөлү. Ал l кылымдан бери болуп келет. — Ооба. — Ал мезгилде аны өзгөртүү мүмкүн эмес эле, анткени Ыйсанын замандаштарынын көзү тирүү болчу, алар өздөрү күбө болгон, окуялардын жазылышында өзгөрүү болушуна жол бермек эмес. Мындан кийин кол жазмалар таралып кеткен, аларды кайрадан бир жерге топтогондо гана өзгөртүүнү киргизе алышмак. А кол жазмалар өтө эле көп болгондуктан, бул мүмкүн эмес эле. — Түшүнөм. — Эми экинчи суроо: ким? Ким аркылуу нуска өзгөрүлүшү мүмкүн? Эврейлерби же машайакчыларбы? Эврейлер Машайакты кабыл алышкан жок. Алар Аны жана бардыгын, Ал эмнени колго албасын жаратпай коюшту. Алар аны азыр кандай болсо ошондой кылып — Машайак менен машайкчылыкты даңазаланган кылып, эч качан Жаңы Келишимди өзгөртмөк эмес. Ой жүгүртө, Тарик маекке кулак түрүп турган Далия менен энесин карап алды да, айтты: — Анда муну машайакчылар кыла алмак. Алар өздөрүнүн пайдасына Жаңы Келишимди өзгөртө алмак. — Эгерде алар муну кылууга аракет кылып эле көрсө, эврейлер дүрбөлөң көтөрмөк. Алар эч качан буга жол коймок эмес. Сиз кандай ойлойсуз? — Сиздики туура, — макул болду Тарик. — Бул колдон келмек эмес. — Кудайга шүгүр, — деп койчу Нур күлдү. — Тыянак, бул — Кудай Сөзү, а Кудай Өзүнүн ыйык Библиясын адамдык изденүүлөрдөн коргой алат. «Ким бул пайгамбарчылыктар жазылган китептеги сөздөрдөн бир нерсе алып салса, Кудай андан өмүр дарагындагы жана ыйык шаардагы үлүшүн, ошондой эле бул китепте жазылган үлүшүн алып коет» (Аян. 22:19) — деп жазылган анын акырында.Ким аны өзгөртүүгө батына алмак? Ыйса айткан: «Асман менен жер жок болуп кетет, Менин сөздөрүм болсо жок болбойт» (Мт. 24:35). Нур койчу аны ийининен кучактай, анын катарына олтурду. — Мен баамдап турам, сиз булар үстүнөн олуттуу ой жүгүртүп турасыз, балам? — Ооба, сэр. Үн катпай тура калып, анан Нур койчу сурады: — Сиз Ыйсанын жолдоочусу болгуңуз жана толук ишеним менен, сиздин күнөөлөрүңүздүн кечирилишин жана сиз түбөлүктүүлүктө Кудайдын Өзү менен болууну каалайт белеңиз? Жүрөгү Тариктин дүкүлдөп чыкты. Ал билбей турду, Рами эмне деп айтат, Далия эмне дейт, бирок бул мындай экенине, Ыйса Өзү аны Кудайдын үй-бүлөсүнө кошулуусун сунуш кылып жатканына толук ишенет. — Ооба, сэр. Мен мунун абдан каалар элем. Бирок муну кандай кылат? — Ыйса айтат: «Мына, Мен эшиктин алдында туруп, эшикти чертип жатам. Ким Менин үнүмдү угуп, эшигин ачса, Мен аныкына кирип, аны менен бирге тамак ичем, ал да Мени менен бирге тамак ичет» (Аян. 3:20). — Бул чындыгында эле ушундайбы? — сурады Тарик. — Ооба, бул ушундай, — деди Нур. — Сиз түз эле азыр ушул жерде Ыйса Машайакты өзүңүздүн Куткаруучуңуз жана Теңириңиз катары кабыл ала аласыз. — Жашоомо Анын киришин кантип суранса болот? — Ишенимдин сыйынуусу менен. Сыйынуу — бул Кудайга кайрылуу. Кудай сиздин жүрөгүңүздү жана анда эмне бар экендигин билет. Ал үчүн сөз эмес, а жүрөгүңүздүн багыты маанилүү. Ыйсанын жолдоочусу болгонумда, мен Ага мындай деп сыйынгам: «Ыйса Теңир, Сен мага керексиң. Мен Сага менин күнөөлөрүм үчүн Сен айкаш жыгачта өлгөнүң үчүн ыраазычылык билдирем. Жүрөгүмдүн эшигин ачып, Сени Куткаруучум жана Теңирим катары кабыл алам. Сен менин күнөөлөрүмдү кечирип жана мага түбөлүк өмүр берип жатканың үчүн Сага ыраазымын. Менин жашоомду жетекте. Мени кандай кылып көргүң келсе, ошондой кылып өзгөрт». Мындай сыйынуу сиздин сезимдериңизди билдире алабы, Тарик? — Ооба, сэр, — деп жооп берди, көз карашы менен Далияга кездеше калбоого тырышып. Далия кандай ойлой турганын ал элестете да албайт. Так ушу учурдан баштап мамилелери түп тамырынан өзгөрө турганына толук ишенет. Ал ага жана анын үй-бүлөсүнө өзү жөнүндө болгон чындыкты, эмнеден качып жүргөнүн айтып берет. А мындан кийин Далия деги ал жөнүндө ойлогусу келет бекен, аны сүйгөнүн улантаар бекен жана алар ниеттенишкендей ага турмушка чыгууну каалайбы? Машайактын артынан ээрчүү чечимин өзүнүн сүйүүсү менен төлөп берип калбайбы? Мүмкүн ушундай да болоттур деп ойлоп койду. Ушундай бааны төлөөгө ал даярбы? Ыйса алда канча жогорку бааны төлөдү: Ал Тарикке куткаруу бериш үчүн өлдү. Ыйса — ааламдын Кудайы. Ал асманды таштап, дүйнөнү, Тарикти жана Ага ишенген ар кимди, түбөлүк каргыштан куткарыш үчүн жерге келди. Машайак азыр жүрөгүнүн эшик алдында туруп, чертип жатат. Тарик болсо чечим чыгарып, Ага ыраазычылык менен жооп кылышы керек. Ыйса аны чакырып жатат, баага карабастан, Тариктин Аны ээрчишин каалайт. Муну ал орундайт. — Сиз мындай чечимдин олуттуулугун сезип турасызбы? — сурады Нур койчу. — Аны жеңил ойлуулук менен кабыл алууга болбойт. Кудай кечирет, куткарат, жаңы, таза жүрөк жана жаңы жашоону берет. Чын жүрөктөн болушу керек. Өзүбүздүн мурдагы диний көз караштардан баш тартууга жана өзүн Машайакты ээрчүү үчүн арноого даяр болуш керек. — Ооба, сэр, мен муну түшүнөм. — Сиз Ыйса Машайактын айкаш жыгачта өлгөнүнө ишенесизби? — Ишенем. — Сиз Жазуунун пайгамбарчылыгына ылайык, Анын өлгөндөн үчүнчү күнү тирилгенине ишенесизби? — Ишенем. — Ыйсанын Теңир, Ал — жашооңуздун кожоюуну экендигине макул болуп, кабыл аласызбы? Аны ар убак сүйүүгө жана Ага чын жүрөгүңүз, жан-дилиңиз, бүт акылыңыз, күч-кубатыңыз менен кызмат кылууга даярсызбы? — Ооба, сэр. Мен даярмын. Мага Кудайдын жардамы керек, — мен Ыйсага жага тургандай жашоону өзүм жашай албайм. Бирок Ал мени кабыл алса, Анын артынан ээрчигим келет. Тарик чындыгында эле, өмүрүндө эң каалаган нерсеси ушул болуп турганын сезди. Күтүлбөгөн жерден оозун ачтырган, Далиянын мындай дегенин укту: — Мен дагы Ыйсаны ээрчигим келет, ата, бул жолу чындап эле. 53 Далия ыйлап кирди. Ал жөн эле ыйлаган жок — ал Кудайдан жана ата-энесинен сүйүү, ыраазычылык менен Ыйсага кызмат кылууну көздөбөй, өз тагдырына өзү кожоюн болууга аракет кылып жүргөн өткөн жылдагылар үчүн кечиришин суранды. Көздөрдөгү жаштар Нур койчуда да, аялында да турду. Тарикте да сезимдер ашып төгүлдү. Ал ата-энеси курман болгон күндөн бери, өзүнө ыйлоого жол бербеген, бирок эгер азыр баары сыйынууну башташпаса, алар менен чогуу ыйлап кирерин туюп турду. Төртөө тең тизе бүгүп турушту, Нур койчу Машайакты жүрөгүнө кабыл алгандагыдай сыйынды. Анан ал Далия менен Тарикти бек кучактап, аларды кучагынан бир далайга чыгарбай турду. Бардыгы жаштарын аарчыды, эми алар түбөлүк Кудайдын үй-бүлөсүнө киришти, куткарулуусун эч качан жоготушпай турганын Нур койчу айтып өттү. Ал аларга Библиядан эми алардын ысымдары Өмүр Китебине жазылып калганын, алар өлүшкөндө бейишке барарын, ал жерде Кудай менен түбөлүк болорун тастыктоочу жерлерди көрсөттү. — Ыйса айткан: «Сени калтырбайм жана таштабайм», — деп айткан (Эвр.13:5). Ыйсаны кандай ээрчишти үйрөнүш керек болот. Бирок кам санабагыла — болгону кадам артынан кадам жасагыла. Библияны окугула. Күн сайын сыйынууда Кудайга кайрылгыла. Силерди үйрөтө турган жана ишенимде өсүүгө жардам бере турган тажрыйбалуу жана акылга толгон ишенүүчүлөр менен чогуу кайрылгыла. Ар кандай жагдайларда өзүңөргө: «Ыйса менин ордумда эмне кылмак?» деп суроо бергиле. Тарик жөтөлүп тамагын жасады да, минтип сурады: — Ошентип, күнөөлөрүм кечирилген жана унутулган, ээ? — Ооба, — деди Нур койчу. — Библия айтат: «Чыгыш батыштан канчалык алыс болсо, Ал биздин мыйзамсыз иштерибизди бизден ошончолук алыстатты» (Заб. 102:12). «Мен алардын мыйзамсыздыктарын кечирем, ошондон кийин алардын кылган күнөөлөрүн эстебейм» (Жер. 31,334) — Теңир мына ушушдай дейт. — Кудайдын көз алдында азыр мен акмын? — Ооба, балам. Жазуунун убадасы боюнча, сиз жуулдуңуз жана кардан да аксыз. Сиздин жүрөгүңүз да куш талынан жеңил. — Ал мага баарын кечирим кылабы — кетирген каталардын кээ бирин эле эмес, а бардыгын? — Ооба, Тарик, — бекемдеди койчу. — «Эгерде күнөөлөрүбүздү мойнубузга алып ачык айтсак, ишенимдүү жана адилеттүү Кудай күнөөлөрүбүздү кечирет жана бизди бардык адилетсиздиктен тазалайт» (1 Жкн. 1:9). Эгер Кудай бир нерсе убада кылса, Ал Өз сөзүндө турат. — Кандай жакшы, — деди Тарик көрүнүп турган жеңилденүү менен, сөздүн уланышына үңүрүлдү. — Мен сизге бир нерсе айтышым керек. Кудай алдында күнөөлөрүн мойнуна ала, ага ушундай сүйүү көрсөткөн бул үй-бүлөгө болгон нерсени ачык айтыш керектигин ал түшүнүп турду. Бирок муну кантип жасайт? Аты Тарик Жамил да эместигин, компьютерлер кеңешчиси да эместигин, бир канча өлкөлөрдүн полициялары аны издеп жатканын, кантсе да ал Далияны сүйөөрүн, ага үйлөнгүсү келерин, бүт өмүрүн аны менен өткөргүсү жана аны бактылуу кылгысы келерине кантип айтат? Алардын ага ачууланары бышык. Ал көп жалганды айтканына карабай, ал калпычы эместигин, болгону тирүү калгысы жана Далияны коргогусу келгенин алардын түшүнөөрүнө үмүт кылса болобу? Буга үмүттөнгөнгө кайдан болсун, бирок түгөл айтып бериши зарыл. Ал ойлоду, Ыйса Өзү жасабаган кылмыштар үчүн кандай кыйналды, анда тандоо жоктугун түшүндү. — Эмне, Тарик? — сурады Далия, анын көздөрүндөгү тынчсызданууну көрө калып. — Эмнеден баштаарымды билбей турам, — деп жооп берди ал. — Баары жайында, биз — сенин досторуңбуз. — Мен билем. Так ошондуктан бардыгын айтып берүү кыйын. — Эмне үчүн? — Силер мени жек көрүп каласыңар. — Койчу? — Мен ушундай бир нерсе жасагам, аны айтуу мага жагымсыз. — Биз мына ушундайды жасаганбыз, Тарик — деди Нур койчу. — Бирок жаңы эле айтканымдай, муну баары артта калды. — Мен Тарик эмесмин. Мен Марван Аккадмын. Силерге бүтүндөй тарыхты айтып беришим керек, ал эмне менен бүтөт, мен билбейм… Бирок аңгыча, ал сөзүн улаганга чейин, капчыгайда ок зуулдады, Марван Аккад зыркыроодон бети-башы бүрүшүп кулады. Далия чыркырап жиберди. Нур койчу атуу кайдан чыкканын караш үчүн кайрылды, өзү менен аялын жана кызын тосууга далбас урду. Дагы бир атуу жаңырды. Бул жолу ок таш зоокко тийди. Сыныктар менен чаң учуп кетти. — Бекингиле! — кыйкырды Марван. — Түркүк артына! Топтой алган, болгон бүт күчү менен, ал Далияны кармай калып ылдыйга сүйрөдү — тиякка, бир кезде сахна же оркестр чуңкуру болон жерге. Нур койчу жана аялы жанында турган. Октор керемет менен аларга тийбей калды, бирок алар абдан жакын жатышкан. Марван күткөн жамандыгы акталганын түшүндү. Эми опуза алдында анын гана өмүрү эмес — ал бул ажайып үй-бүлөнү да капсалаңга салды. Азыр аларды таштар жаап турду. Нур мырзайым ыйлап жатты, а күйөөсү аны кучактап турду. Далия кыйкырбай калды, бирок корккондон титиреп турду. Марван аны абдан тынчтандыргысы келди, бирок ал карап көрүшү керек эле, от кайдан жиберилип жатат. Ал акырын жылып кирди, бирок Далия анын колунан кармай калды. — Сен кайда? Кетпе! — Кеткен жокмун, — деди ал. — Мен алар канча экенин карап чыгышым керек. — Алар бир нечеби? — Ошондой деп, ойлойм. — Алар кимдер? — Бул узун тарых, — деди ал, таштар ортосун карап чыга. — Бирок аларга силер керек эмессиңер. Аларга мен керекмин. — Эмне үчүн, Тарик? Сен эмне кылдың эле? — Менин атым Марван, Далия, — Марван Аккад. Мен ант берем, мен эч кандай жамандык кылган эмесмин. Мага жалаа жаап жатышат… Ок өтө эле жакын сокту. Далия бакырып жиберди, Марван аны өз тулкусу менен тосо калды. Ага мында калууга болбойт. Ал Нурларды калтырып, ага кымбат болгон адамдардан Лемье менен Годдарды алып кетиши керек. Бирок ал араң жыла алат. Ал сол бутунун зыркыратып жатканын сезди. Жынсынын этеги канга сиңип калыптыр. Далия аны карап, эси оогонго жакындап бара жатканын ал көрдү. — Эч нерсе эмес, — деди ал, аны кучактай. — Баары жакшы болот. Укчу. Сен мени угуп жатасыңбы? Анын жүзү кагаздай кубарып турду. Ал эси тентиреген абалда эле. 54 — Далия, сен мени угуп жатасыңбы? — дагы шыбырады ал, бутун тартып алып, чөнтөгүнөн бет аарчыны сууруп чыкты. Ал анын коркуп калган көздөрүнө карады. Акыры ал жарааттан көзүн алды да, ага карап баш ийкеди. — Жакшы, мени көңүл коюп ук, — ыкчам айтты ал. — Алар менин артымдан келишти, сен жана ата-энең аларды кызыктырбайт. Бирок эгер сен мени коргош үчүн, бир несе кыла турган болсон, ойлонбой туруп, алар сени да өлтүрүшөт. Алар — киши өлтүргүчтөр. Алар аялдарды жана балдарды өлтүрүшкөн, кандуу из алардын артынан Монте-Карлодон Касабланкага чейин созулат. Мен алардын ой максатынын бетин ачтым жана аларга тоскоол болууга далбас урдум, эми алар менин түбүмө жетиш үчүн бул жерде. Сен мени угуп турасыңбы? Корккондон калтырай, ал дагы баш ийкеди. — Калганын сага кийин айтам, а азыр качышым керек. Аларды силерден алып кетиш керек, же… — Жок, — ал анын колунан дагы бекем кымтый кармай калды. — Биз атам экөөбүз… Аны автомат тытуусу бузду. Сүйлөшүүгө убакыт жок эле. Азыр же эч качан. Далияны өзүнө тартып алып, Марван аны өптү да, жаңы атууларды козгоп, Далия менен энесинин кыйкырта өтө бериштен солго сойлоду. Ал Нурларды Кудайдын коргошун өтүнө кыска сыйынды, анан, сыйыртмактай, таш тепкичтер менен чуркады. Ал театр үстүнөн аскага чегилген, жайнагандардын бирине, кичинекей мүрзөнүн чуңкуруна чумкуп кирди. Туш тараптан келген атуулар боюнча Марван аныктады, алды жакта аз дегенде атуучулар төртөө, бирок алар көп болушу да ыктымал, аларга кошумча көмөк да келер. Мүрзө караңгы эле, ал бийик орунда жайгашкан, бул ага аракет ордун карап чыгууга шарт түздү. Ал Нурлар кандай чыга бериште оң жактан кыймылга келип жатышканын көрүп турду, үмүтү жанды, алар тез арада коопсуз болушат. Күбөлөрдү күм-жам кылыш үчүн, Лемье менен Годдар Рания менен курбусун өлтүрүшкөндөй, өзүнөн кийин аларды да өлтүрүп кое аларын эң сонун билип турса да. Мына ошондо ал көрө калды, автоматчан бир нече кишилер театрга чуркап келе жатышат. Кыска тыткылоодо алар аны турган жеринде калууга мажбур кылышты. Алар өтө ыкчам жакындап киришти. Марван чыгуу издей чар тарабын карап чыкты. Солго жол бек эле. Бирок оңдон ал жарык өтүп турган, чоң эмес шахтаны көрдү. Буту күчөгөндөн күчөп кирди, бирок ал жарыкка сойлоп барып, тоонун үңкүрчөгү болгон, башка үңкүрлөр менен мүрзөлөргө алып баруучу, тар кире беришке жол тапты. Жакындап келе жаткан кадамдарды угуп, ал кире бериш менен болушунча тез жана жым жыла баштады. Бир одоно кыймыл болсо, мына ал 20 метр бийиктиктен ылдый ташка учуп түшөт. Эки миң жыл ичинде кумдуу бороон аяк жол бетин түк жылмалап бүтүргөн. Антсе да Марван келерки үңкүргө чейин жетип келе, демиккенин басып, өзүнө келгени жерге олтурду. Үңкүрдө болгону ага жакшы болду, анда күңүрттүк аны жаап турду, ким ага жакындаса, ошолорду көрүп да тура алды. Алды жакта эмне болуп турганын көрө алды, капчыгайдын каршы тарабында үңкүрдөн орун алышкан, үч кишини эсепке алды. Жаманы бул, дагы канча жүрө аларын билбегени болду. — Марван Акад, сиз курчоодосуз! — байыркы шаарда жаңырык менен коштолуп турган үн чыкты. — Сиз киши өлтүрүүдө айыпталасыз! Колуңузду көтөрө жайбаракат чыгыңыз, ошондо сизге зыян келтирилбейт! Ал бул үндү тааныды. Бул Лемье. Атагы таш жарган француз инспектору Монте-Карлодогу киши өлтүрүүчүлүктөн кийин ар кайсы агымдарда бир канча билдирүүлөрдү берген, анын зериктирме жана бой көтөрмө үнү Марвандын кулагында кагылып калган. Бирок ал Лемьеге багынып бергиси келбейт. Мындай кылуу накта өлүмдү билдирмек, мында анын шеги жок. Караңгыда олтура, чөнтөктөрүнөн телефонун издеп кирди. Балким ал, Рамиге чыга алат. Иниси азыркы абалда бир нерсе ага жардам бере алар бекен, бирок эч болбогондо азыр эмне болуп жатканын ага билдирсе болоор. Бирок телефону жок эле, Марван аны кол сандыкта Нурлардын батиринде калтырганын түшүндү. Кантип ушундай келесоо болгонго болсун? — деп ал өзүн жемеледи. Телефон ордуна ал марихуаны менен бир нече чылым жана ширеңке тапты. Ал башын чайкады — алардын түрү эле ага жагымсыздык сезимин берди. Ыйса жашоосун ушунча өзгөртөөрүн ал элестетип көрө алмакпы? Ал мунун жандырмагын таба албайт, бирок азыр бул мааниге ээ эмес деп ойлоду ал. Жакында Ыйсаны бетме-бет көрөт, Андан баарын сурап алат. Марван чылымдарды ыргытты да, ширеңкени күйгүзүп, этият боло үңкүрдун тереңине илгерилей баштады. Ал пепси-коланын бош бөтөлкөсүн, момпосуй кагаздарын көрдү. Жаш балдар бул үңкүрдү оюндары үчүн колдонушкан чыгаар. Ширеңке өчүп, колдорун күйгүзүп кетти. — Марван Аккад, бул акыркы эскертүү! — дагы кыйкырды Лемье. Бирок бул жолу анын үнү бир кыйла жакындан угулду. Француз эми, ылдыйда, театрда эмес эле, а мүрзөлөрдүн биринде болчу. — Токтоосуз чыгыңыз, андай болбосо сиз өлтүрүлөсүз. Башка аргаңыз жок. Мен сизге он секунд берем. Марван опузага көңүл бурган жок. — Он… тогуз… сегиз… Марван дагы бир ширеңкени күйгүзүп, үңкүрдү изилдөөсүн улантты. — Жети… алты… Лемьеники туура. Айласы жок. Убатысы да жок. — Беш… төрт… Марван ширеңкени өчүрүп, чукул зыркыроодон тиштене, үңкүрдүн кире беришиндеги чоң таштын артына көчүк басты. Алдыда эмне күтүп турганына байланыштуу алдамчы кыялга баткан жок. Бирок ал кармашпай колго түшүп бербей турган болуп чечим чыгарды. 55 — Үч… эки… бир. Эмне демекпиз, Марван Аккад, сизде мүмкүнчүлүк бар эле… Лемьенин кишилеринен экөөсү автоматтарынан ок жаадыра, үңкүргө жулунуп жөнөштү. Үңкүр түтүнгө толуп калды, а анын арткы дубалын калбырлап салышты. Марван соңун күтө, жерге жабышты. Бирок соңу келбеди. — Ал кайда? — качырып киргендердин бири сурады, жаңы дүрмөкчөнү олтургуза. — Башым катып турат, — жооп берди башкасы, автоматынан дүрмөкчөнү суура. Марванда мүмкүндүк пайда боло калды, ал аны колдонду. Биринчиси таштын жанынан өтүп баратканда, ал аны буттан алды да, чукул түртүп калды. Теңселе барып, тиги кулады. Анын эсине келишине убакыт бербей, Марван анын АК-47 син тартып алды да, качыргандын бетине сокку берип ийди. Секирип өтүп, ал экинчисине кыска тытырата ок жаадырып калды, анын куралын жаңыдан октоого жол бербеген бойдон. Көз ачып жумгуча ал курал менен демилгени колго алып алды. Ал жанында жаткан адамдын тамыр согуусун текшерип көрдү. Анын бети-башы канталанган. Марван караңгыда аныктай алгандай, анын мурду сынып, мээсине доо кеткен, бирок ал дем чыгарып турат, ал жашап кетет. Марван экинсисине сойлоп жетти. Тиги зыркыроодон бүрүшүп-тырышып турду. Кээче болгондо Марван оңой эле атып салмак. Азыр болсо бул жөнүндө ойдун өзү эле жийиркенүүнү келтирет. Колдон келсе, Марван ага медицина жардамын көрсөтмөк. Ал жарадарды үн катпоосун эскертти. Эскертүү таасир этти. — Эми эмне болот? — ойлоду Марван. Лемье менен бирге дагы үчөө же төртөө калды. — Тиякта эмне болду? — кыйкырды Лемье. — Ал өлдүбү? — Жок! — жооп катары кыйкырды Марван. Ойлонуп олтурбай эле, ал автоматтын курун мойнунан алып ыргытып, үңкүрдөн ушунча тез, алынын келишинче секирди, капчыгайдын дубалдарын бойлой, өйдөгө алып барган тепкичтерге өттү. Ок атуулар башталды. Жүрөгү көкүрөгүнөн ыргып турду, анын ар бири соккусу башка тээп турду. Сол буту, кайдадыр тизенин алдында ок олтурганы оттой куйкалап турду. Бирок ал өз тапшырмасын так туюп турду. Ал Лемьени зөөкүрлөрү менен Далия менен үй-бүлөсүнөн болушунча ыраак илештирип кетүү керек. Муну жасоо эмнеге гана турбасын, ал муну жасайт. Бир алдына, бир артына көз ыргыта, Марван тепкич менен өйдөгө көтөрүлдү. Аткылоолор тыйылбады. Ал өйдөгө чыгып келгенде, зыркыроо анын оң ийинин тешип өткөнүн, ал сезе калды. Соккунун күчү ушундай болду, ал буттарында кармалбады. Ал бети менен ылдый жыгылды, бүтүндөй алдан тайды. Дем чыгарууга далдастай, зыркыроодон бырыша, Марван жараатка тийди. Сол колу дароо канга боелду. Ал алыс эмес турган үйүлгөн таштарга чейин жетүүгө тырыша, баш калкалоого сойлоду. Бирок аны кууп келе жатышканын угуп калды. Акыркы чакта ал оодарыла алды да, автоматты түздөп, куугунтуктагандардын экөөсүн өлтүргөн, кыска тытуудан үчтү жасады. Бирөө артка кулады, Марван укту, анын кандай жогорудан ылдый учуп кеткенин. Экинчиси Марвандын так маңдайына кулады. Ал былк эткен, үн каткан да жок. Марвандын кускусу келди. Ал эч кимди өлтүрөйүн деген эмес. Ал эч кимге зыян алып келүүнү каалабаган. Бирок бул өзүн коргонуу эмеспи? Адам өзүн киши өлтүргүчтөн коргошу керек да? Жакында калгандары мында келет. Бүт күчүн топтой, ал ташка сойлоп жетип таш артына баш калкалады. Күтүп турду. Ылдыйдан кандайдыр бир үндөр жетип турду. Ал тургай ал алыстан уулдаган белги үндү укту. Бирок үндөр бийик болбой турду. Алар жым болуп баратты. А кабактар оорлошуп кирди. Көз алдыдагы элес жайылып кетти. Ал эстен танууга жакын, бирок мындан кутулууга эч нерсе кыла албады. Кокустан караңгылык каптап калды. Ал эстен танды. Ал билген жок, канчага. Мына ал кайра өзүнө келип, көзүн ачты. Ал кайра дайын турду. Так мына ал катып калды — андан үч метрден алыс эмес, анын башына карай мээлеген, колдорунда анын үн өчүргүчү бар тапанча менен Лемье турат. Ойлонбой туруп, Марван автоматтын түшүрчү илмегин басып калды. Бирок эч нерсе болбоду. Ал кайра басты, кайра эч нерсе болбоду. Автомат же чайналып турат, же дүрмөкчө бош эле. Бирок, эмне болсо да, күнү бүттү. Бутунан, ийининен кан агып турду. Ал кыйынчылык менен дем алат, өчүп кала жаздады. Ал таптакыр жардамсыз — маңдайында аны өлтүргөнү турган адам турат. — Алдыбызда, так, белгилүү Марван Аккад, — деди Лемье. Марван эч нерсе жооп кылбады, Лемье сөзүн улантты. — Мүмкүн, башыңызга бирдеме келип кетпес үчүн, сиз автоматты коюп коерсуз? Марван баш ийди. — Мына жакшы болду, эми биз сүйлөшө алабыз, — деди Лемье. — Сүйлөшөсүзбү? Сүйлөшүүнү каалайсызбы? — таң калды Марван. — Макул. Инспектор, эмнеге сиз мындай кылдыңыз? Рафик Рэмзини, анын жалгыз кызын жана бутуңузга чалынгандын баарын өлтүрүш үчүн, кантип Клодетт менен биригип кеттиңиз? Кылышкерлер менен кызматташууга эмес, а аларды тутууга ант берген жок белеңиз? — Сизге окшогондордун алдында, сурак беремби, Аккад мырза, — күлдү Лемье. — Мени баштан эмнелерди кечүүгө мажбурлаган жоксуз, ошолордун бардыгынан кийин, — деп каршы болду Марван, — сиз мени өлтүрөөрдүн алдында чындыкты билүүгө укугум бар. Лемье жек көрө бурк этти. — Мен сизди мажбурладымбы? — сурады ал. — Бул сиздин тамашаңыз! Сиз акылсыз иш кылдыңыз, Марван Аккад, — мага бут тосууга барбаш керек эле. Менде эң сонун ой жана эң сонун далда бар эле. Ким шек тута алат тергөөчүнү, кылмышты изилдөөчүнү? Эч ким. Бирок сиздин кийлигишкениңиз керек эле! — Лемье, сизди тутушат, — деди Марван. — Көрө жатарбыз, — жооп кайрыды Лемье. Ал муну айтып жатканда, өйдөгө дагы эки адам көтөрүлүп куралдарын Марванга көздөштү. 56 — Мага маалым болгондордун бардыгы, менин иниме да маалым, — деди Марван. — Азыр, биз сүйлөшүп турганда, анын адамдары Бразилияда жүрүшөт, Клодетт Рэмзини издеп жатышат. Аны табаары менен сиздин күнүңүз бүтөт. — Иниңиз түрмөдө, — деди Лемье. — А Клодетт ишеничтүү жашырылган. Чын эле, Аккад мырза, сиздин күнүңүз бүтүп турат. — Мен ойлобойм… — Жап үнүңдү! Жетишет! Жетишерлик уктум сизди, Марван Аккад. А азыр болсо — жүз төмөн жатып жана кол ийинге! — Жок, — деди Марван. — Орундаңыз! — буйрук берди Лемье. — Сиз мени кежигеме атасызбы? Жок, инспектор. Туталанган Лемье өз кишилеринин бирине ишарат берди. Тиги Марванды капталга, баш көзгө бир нече жолу тепкиледи да, жүзүн жер каратып оодарды. Марван ооруткандан онтолоду. Ал араң дем алды. Анын сыйынгысы келди. Ал билди, бул соңу, бирок тили күрмөөгө келбеди. Лемье жакын келип, анын үстү жагында түз туруп, тапанчаны желкесине көздөдү. — Кош болуңуз, Марван Аккад, — деди ал. — Тозоктон көрүшкөнчө. Марван башын бурду. Ал көрдү, Лемье мына-мына илмекти түшүрөт. Бирок мына ошондо ал ызы-чууну укту, шамалдын катуу толкуну чаңды ургутту. Бардыгы бурулушту — зоока үстүндө ичинде испектор Годдар жана Рами менен кичи учак асылып турду. — Куралыңызды түшүрүңүз, инспектор Лемье! — кыйкырды Годдар кулак жаргыч менен. — Бардыгыңар куралдарыңарды түшүргүлө! Мага баары маалым, инспектор. Менин кишилерим Сан-Паулодо Клодетт Рэмзини кармашты, ал баарын мойнуна алды. Бизге сиздин тартып алуучулукта жана киши өлтүрүүчүлүктөгү кылган иштериңиз белгилүү, дагы биз сиздин Марван Аккадды тукурууга аракет жасаганыңызды билебиз. Баллистика сыноо жыйынтыгы Касабланкада Рания Фаваз менен анын кошунасын өлтүргөн бул сиз экениңизди көрсөтөт. Баары бүттү, инспектор. Куралыңызды түшүрүңүз, ошондо эч ким жабыр тартпайт. Лемьенин кишилери куралдарын жерге ыргытышты, колдорун көтөрүштү. Бирок Лемье моюн сунбады. Ал көзүн чаңдан коргоого аракеттенди, Годдар анын куралды токтоосун ыргытышын талап кылып жатканда, вертолетту аткылап кирди. Учкуч оңго, солго чукул бурум жасады, а анан октон кача жогорураак көтөрүлдү. Бирок Лемье капчыкта патрондор калгычакты, аткылоосун улантты. Октордун бири шамал айнекке тийди, учак бийиктикти жогото баштады. Учкучка унааны түзөө оң келди, учак кайра жогорураак көтөрүлдү. Лемье тапанчасын кайрадан октоп кирди. Марванда дагы ык пайда болду. Ал зыркыроосун унутуп калды. Ал Далияны, анын үй-бүлөсүн, аны куткарууга келген инисин ойлоду. Тура калып, Марван Лемьеге асылды. Тигинин тапанчасы колунан ыргый, таштарга уруна аскадан ылдый учуп кетти. Марван Лемьени ичке, бетке сокку берди, бирок Лемье, күчүн жыйып, аны тизеге тээп калды. Ооруткандан онтогулап, Марван кулады. Так ошо учурда Лемье Марвандын үстүнөн басып калды, желкеден алып, муунтуп кирди. Ар көз ирмем сайын жанынын кандай чыгып баратканын, Марван сезип турду. Лемьенин кол алдындагыларынын бири тапанчасына кол созду, бирок үч ок жаңырып, ал жерге жайнап калды. Аткылоого маң боло, Лемье чар тарапты карады, кимдин ок атканын караш үчүн, Марван да карады. Учактан Годдар атыптыр, эми болсо өз винтовкасынан Лемьенин башын мээлеп турду. Лемьенин дүрбөлөңгө түшкөнүнөн пайдаланып, Марван соо буту менен французду тарс тээп, колунан бошонду. Абал өзгөрдү. Марван Лемьени жер карата кайрып, Ливандын аскер мектебинде үйрөткөндөй, аны белине тизеси менен ыктады. Лемье кыймылсыз жана былк эте албайт. Азыр ал Марвандын колунда эле, бул колдор аны муунтуп турду. Марван кармашты сууткан жок. Лемье дем алууга чабынып көрдү, бирок ала албады. Жүзү аны кызарып кетти, а анан көгөрүп кирди, бирок Марван аны кое бербеди. — Марван, кереги жок, өтүнөм! Ал таң калды. Бул Далия эле. Ал жайбаракат ага келе жатты, көздөрү анын жашка толгон. — Марван, өтүнөм, бул туура эмес, — деди ал. Вертолет конду. Рами биринчи болуп секирип чыкты да, аларга чуркады. Бир нече убакыттан кийин Нур койчу жана Нур мырзайым жанында турду. Годдар ошол маалда Лемьенин карамагындагыга кишен кийгизип, аны учакка олтургузду. Азыр ал Марванга келди. — Сизди өмүрүнүн калган бүт бөлүгүн бул адам түрмөдө кечет деп ишендире алам, Аккад мырза, — деди Годдар. — Бул эле эмес, бирок ал кылган бардык кылмыштары үчүн. Мен буга жетем, сөз берем сизге. Марвандын жүрөгү көкүрөгүнөн атып турду. Колдору анын дагы эле Лемьенин мойнун кысып турду, тиги болсо эстен танып баратты. Марван инисине, Нурларга, андан кийин — Далиянын көздөрүнө карап алды. Ал үн катпай турду, бирок анын көздөрү аны туура иш кылышын жалбарып турду. Ал так ошондой кылды. Ал колун жайды, туруп Лемьени Годдарга өткөзүп берди. Далия Марвандын кучагына өзүн таштады. Ага көптү үйрөнүү жана көп адаттан бошонуу алдыда турат. Далияга, анын ата-энесине жана Рамиге айтып бере турган көп сөзү бар, алардын да ага айтып бере тургандары бар. Эң негизгиси, Марван түшүндү, койчу Нурдуку туура. Ал эми жаңы адам, анда жаңы жашоо, ал болсо жөн гана кадам артынан кадам жасайт. Ал үрөй учурган киши өлтүрүүнүн күбөсү болгон. Азыр эми ал — улуу сүйүүнүн күбөсү, анын Куткаруучусунун жана Ыйса Машайак Теңиринин сүйүүсүнүн күбөсү. Марван Аккад келечекте эмне күтүп турганын билбейт. Ал кандай кылса Ыйсаны туура ээрчий турганын жана Далияны так ал татыктуу болгондой кыла кандай сүйүш керектигин билбейт. Бирок бир нерсени так билет: ал аны түз эле азыр баштайт.