Жош Макдауэлл Шон Макдауэлл ЖӨН ЭЛЕ УСТА БОЛБОГОН Жашоолору Ыйса жөн гана уста болбогондугун далилдеген Дик менен и Шарлотта Дэйге арналат Сөз башы Алыскы 1976-жылы он эки блокнот, кырк сегиз саат бош убакыт жана абдан көп сандагы кофе менен куралданып, мен силерге белгилүү болгон “Жөн эле уста болбогон” китебин жазуу үчүн отурдум, мен ал китеп Ыйсанын жолдоочуларына алардын ишеними жөнүндөгү суроолоруна жооп берүүгө жардам берет жана рухий издөөчүлөрдү Ыйсанын айткандарын кызыгуу менен изилдеп окууга шыктандырат деп үмүттөнгөнмүн. Менин шектенүүмдөн ишенимге келген жекече жолумдун тарыхы он беш миллиондон ашуун экземпляр болгон тираж менен таралат, жүзгө жакын тилге которулат жана дүйнө жүзү боюнча окурмандарды ишеним мүмкүнчүлүгүнө бир кыйла көңүл буруу менен, олуттуулук менен кароого шыктандырат деп кыялданган да эмесмин. Мага кимдир бирөө менин китебим анын өмүрүн өзгөрттү деп азыр да айтса, менин көңүлүм көтөрүлүп, момундук менен кубанам. Бирок “Жөн эле уста болбогон” китеби биринчи жолу жарыкка чыккандан бери дүйнөдө эмнелер гана болуп кеткендиги мени таң калтырат. Ыйса Машайактын тарыхый мүнөзүнө жарык берген ачылыштар болду (жана дагы улантылып жатат). Учурдагы маданиятта ишенимдин токтошу жана Кудайдын кыйрашы жөнүндө адабияттарды чыгарган “жаңы атеисттер” пайда болду. Азыркы муун таптакыр башка маселелер менен кездешип жатышса деле, жана жаңы тандоо мүмкүнчүлүктөрү менен жолугуп жатышса да, алар мындай деген суроолорду берүүнү улантып жатышат: Ыйса Ким? Ал — Кудайдын Уулу экендигине кандай далилдер бар? Эгер бул чындык болсо, анда бул менин өмүрүмдү кантип өзгөртө алат? Булардын баарына байланыштуу мен “Жөн эле уста болбогон” китебин ХХI кылымга колдоно ала тургандай кылып жаңылоону чечтим. Ошондуктан менин уулум, белгилүү лектор, мугалим, апологеттик жана библиялык эмгектердин автору болгон Шонго бул китептин үстүнөн мени менен бирге иштешин сурандым. Шон өзүнүн бай академиялык билимин (анын философия жана Кудай сөз боюнча магистрдик даражасы бар), ошондой эле жазуучулук тажрыйбасын колдонду жана мага биздин постмодернизм эпохасында ишенимди көрсөтүүгө жардам берди. Биз бирге жаңы бөлүмдү жаздык, материалды жана талкуулоо үчүн суроолорду кайра иштеп чыктык, темага жаңыча көз караш менен карадык. Жыйынтыгында, жаңы редакция пайда болду, бирок ошону менен бирге фактылардын баштапкы каралышы жана чындыкты адилеттүү издөөлөр сакталды. Биз Шон экөөбүз бул китеп рухий ачыктыкты издеген адамдардын жаңы муунуна өзгөртүүчү таасир тийгизишин чын жүрөктөн каалайбыз. Ж. М. 1-бөлүм. Менин тарыхым XIII кылымдын философу Фома Аквинский мындай деп жазган: «Ар бир жан бакытты жана жашоонун маңызын издейт». Мен бул суусоону өспүрүм курагымда сездим. Мен бактылуу болгум келчү. Менин жашоом мааниге ээ болушун кааладым. Ар бир адамды ойлонткон үч суроо мени да ойлонто баштады: Мен киммин? Эмнеге жашап жатам? Кайда баратам? Мен жооп тапкым келди, ошондуктан жаш студент кезимде эле аларды издене баштадым. Мен ишенүүчүлөр деп эсептеген адамдардын курчоосунда чоңойгонмун, ошондуктан өзүмдүн бардык суроолорума жыйындан жооп алам деп чечтим. Мен жыйынга башкаларга караганда активдүүрөөк бара баштадым. Мен ал жердин эшиги ачык болгон бардык учурда, эртең менен, күндүзү, кечинде барчумун. Бирок, мен туура эмес жыйынды тандап алсам керек, анткени мен ал жерде өзүмдү сыртта жүргөнгө караганда начарыраак сезчүмүн. Мен Мичиган штатында фермада чоңойгом жана менин айылдык көз карашым бар эле: эгер бирдеме иштебей жатса, анда андан арылыш керек. Ошентип, мен динден баш тарттым. Андан кийин мен жашоонун маңызын издөөдө мага билим жардам берет деп чечтим жана университетке тапшырдым. Бат эле профессорлордун эң жагымсыз студенти болуп калдым. Мен алардын кабинеттерине жулкунуп кирип, менин суроолорума жооп берүүгө мажбурлачумун. Мени алыстан көрүп эле алар ичиндеги жарыкты өчүрүп, терезенин жапкычын тартып, эшиктерин илип алышчу. Университетте көп нерсеге үйрөнсө болот, бирок мен издеген суроолорума жооп таба алган жокмун. Профессорлордун да, мени менен бирге окугандардын да меникиндей эле көйгөйлөрү, көңүл калуулары жана жоопсуз суроолору бар болчу. А сиз кандай ойлойсуз? Сиз философ Фома Аквинскийдин “ар бир жан бакытты жана жашоонун маңызын издейт” деген сөз менен макулсузбу? Бир жолу студенттер шаарчасында мен «Менин аркамдан ээрчибегиле, мен адашып калдым» деген жазуусу бар футболка кийген жаш жигитти көрдүм. Ошондо мен университеттегилердин баары ушундай кийим кийиши керек деп ойлоп кеттим. Мен билим алуу мага жардам бербейт деп чечтим. Анан мен коомдогу кандайдыр-бир абалга жетсем, бакытты жана жашоонун маңызын табаттырмын деп ойлой баштадым. Мен кандайдыр-бир жакшы иш таап, ага өзүмдү арнап, бүт университетке белгилүү болууну кааладым. Университеттеги эң белгилүү адамдар студенттердин лидерлери болчу, алар каржылык суроолорду башкарышчу. Ошентип, мен студенттик уюмдарда ар кандай жооптуу орундарды ээлей баштадым. Бул иштер кызыктуу эле: студенттер шаарчасындагылардын баарын таануу, маанилүү чечимдерди кабыл алуу, өз каалооң боюнча лекцияларды жана ар кандай нерселерди уюштуруу менен, университеттин жана студенттик ийримдердин каражаттарын бөлүштүрүү. Баары мени университеттеги эң бактылуу адам деп ойлошчу. Бирок менин өткөргөн өмүрүм чыныгы тозок болчу. Бирок өзүңдү баалуу сезүүнүн кубанычы бат эле өтүп кетти. Дүйшөмбү күндөрү эртең менен мен өткөн түндөн кийинки баш оору менен ойгончумун жана дагы үрөй учурган беш күнгө кантип чыдаймын деп, коркунуч менен ойлой баштачумун. Дүйшөмбүдөн жумага чейинки күндөрдү супсак өткөрчүмүн, мен жума, ишемби жана жекшемби күндөрдөгү кечки оюн-зооктор менен гана жашагандай болчумун. Ал эми дүйшөмбүдө кайрадан бул маанисиз цикл башталчу. Мен өзүм өмүрүм маанисиз экендигин мойнума алчу эмесмин; бул нерседе мен абдан текебер элем. Мени баары университеттеги эң бактылуу адам деп ойлошчу. Алар менин бактым чыныгы эмес экендигинен шектенишчү эмес. Менин бактым абалдан көз каранды болчу. Эгер баары сонун болсо, мен өзүмдү мыкты сезчүмүн. Эгер андай болбосо, мен өзүмдү жолу болбогон киши катары эсептечүмүн. Бирок муну мен эч байкатчу эмесмин. Мен толкун кайда бурса, ошол жакка барган океандагы кайыкты элестетчүмүн. Менде эч кандай руль, башкаруу жана багыт жок эле. Бирок мен айланамдан да башкача жашаган эч кимди көргөн эмесмин. Мен кантип башкача жашаш керектигин мага айтып бере турган адамды таба албадым. Мен талкаланууга учурадым. А сиз эмне деп ойлойсуз? Сизге өзүнүн ынандырарлык көз караштары бар адамдар жагабы? Кайсы учурда алар менен болгон мамиле сизге күч берет? Ал эми кайсы учурда ал сизди кайгыртат? Жок, мындан да жаман; ошол кезде мен сүргөн жашоону сүрөттөй турган мындан күчтүү сөз бар — бул тозок болчу. Ошол мезгилде менин көңүлүм сегиз студенттен жана эки мугалимден турган чоң эмес бир топко бурулду. Мага алар ким экендигин жана кайда бара жаткандарын билгендей сезилди. Алардын өзгөчө көз караштары бар эле. Көз карашка ээ болгон адамдарды жолуктуруу кызыктуу жана алар менен мамилелешүү жагымдуу. Алардын ою менен макул болбосом да, өздөрүнүн жекече көз карашы бар жана аны коргой алган адамдар менен мен дайыма суктанам. Бул адамдарда менде жок бир нерсе бар экендиги мага айкын болду. Алар аябай бактылуу эле. Алардын бактылуу болушу университеттин жашоосунун кыйындык туудуручу чукул өзгөрүштөрүнөн жана абалдан көз каранды эмес эле, алардын бактысы туруктуу болчу. Кыязы, аларда кубанычтын ички булагы бар сыяктуу, мен ал кандай булак болду экен деп ойлоно баштадым. Ошондой эле бул топтогу дагы бир нерсе менин көңүлүмдү бурдурду — бул алардын бири-бирине болгон мамилеси жана алардын жүрүш-турушу. Алар бири-бирин чын дилден сүйүшчү, ошондой эле бири-бирин эле эмес, бул топко кирбегендерди да сүйүшчү. Жок, бул жөнөкөй эле сүйлөшүү эмес эле; бул адамдар айланадагылардын муктаждыктарын жана маселелерин чечүүгө жардам берүү менен, алардын жашоосуна катышышчу. Мен үчүн мунун баары өөн учурачу, бирок мен аларга аябай тартылып турчумун. Көптөгөн башка адамдар сыяктуу эле менде жок болгон, бирок ээ болууга каалаган нерсемди көрүп калсам, ага кантип ээ болуу керек экендигин түшүнүүгө аракет кылып баштайм. Ошентип, мен бул табышмактуу адамдар менен достошуп алууну чечтим. «Машайакчылык, ха! Бул интеллектуалдуу адамдар үчүн эмес, ой жүгүртө албаган алсыздар үчүн». Албетте, бул жөнү жок эрдиктин артында менин жаңы тааныштарымдын сыры эмнеде экендигин билүү жашырынып жаткан. Эки жумадан кийин мен студенттик кеңештин чогулушунда бул топтун мүчөлөрү менен аңгемелешип жатканмын. Сөз Кудай жөнүндө жүрүп жатты. Мен абдан шекчил элем жана өзүмдү ишенимсиз сезгендиктен, үрпөйүп калдым. Отургучка чалкалап отуруп, бул сүйлөшүү мага жагымсыз экендей түр көрсөттүм. — Машайакчылык, ха! — дедим мен. — Бул интеллектуалдуу адамдар үчүн эмес, ой жүгүртө албаган алсыздар үчүн. Албетте, бул жөнү жок эрдиктин артында менин жаңы тааныштарымдын сыры эмнеде экендигин билүү жашырынып жаткан, бирок текебердик менин муктаждыгым канчалык чоң экендигин аларга көрсөтүүгө жол бербеди. Бул тема мени ойлондурчу, бирок мен муну ачык мойнума алгым келген жок. Ошентип, мен бир жагымдуу студент кызга (мен дайыма бардык машайакчыларды ырайы суук деп ойлочумун) бурулдум да, мындай дедим: — Мага айтчы, силер университеттин башка студенттеринен жана мугалимдеринен эмнеңер менен айырмаланасыңар? Силердин жашооңорду эмне өзгөрттү? Олку-солкусуз жана уялбастан ал кыз менин көзүмө тигиле карап жана студенттер шаарчасындагы интеллектуалдык аңгемелешүүдө мен күтпөгөн эки сөз айтты: — Ыйса Машайак. — Ыйса Машайак?! — деп кыйкырып жибердим. — Кудай үчүн, мага мындай болбогон нерсени айтпай эле койчу. Мен дин менен кекиртегиме чейин тойгонмун, жыйын жана Ыйык Китеп менен да кекиртегиме чейин тойгонмун. Машайакчылык — бул дин эмес. Дин — бул адамдардын жакшы иштердин жардамы менен Кудайга жетүү үчүн жол салганга аракет кылуусу. Машайакчылык — бул Кудайдын адамдарга Ыйса Машайак аркылуу келиши. Ал ошол замат каршы болду: — Мен дин жөнүндө айтып жаткан жокмун, мен Ыйса Машайак жөнүндө айтып жатам. Ал мага мен мурун эч качан билбеген нерсени көрсөттү: машайакчылык — бул дин эмес. Дин — бул адамдардын жакшы иштердин жардамы менен Кудайга жетүү үчүн жол салганга аракет кылуусу. Машайакчылык — бул Кудайдын адамдарга Ыйса Машайак аркылуу келиши. Мен буга ишенүүгө аракет кылбадым. Көз ирмемге да. Бирок бул кыздын кайраттуулугу жана ишенимдүү түрдө айткандыгы мага таасир калтырды, мен өзүмдүн мамилем үчүн кечирим сурадым. — Бирок мен динден жана ишенүүчүлөрдөн чарчадым, — деп түшүндүрдүм. — Алар менен эч кандай байланышууну каалабайм. Ошондо менин жаңы досторум мага керемет бир нерсени сунуш кылышты. Алар мага Ыйса Машайактын айткандарын: Ал — Кудайдын Уулу экендигин, Ал адамдык денеде реалдуу адамдардын арасында жашагандыгын, Анын айкаш жыгачта адамзаттын күнөөлөрү үчүн өлгөндүгүн, мүрзөгө коюлгандыгын жана үчүнчү күнү тирилгендигин, Ал азыр да тирүү жана адамдардын жашоосун бүгүнкү күндө да өзгөртүп жаткандыгын майда-чүйдөсүнө чейин интеллектуалдык изилдөө жүргүзүшүмдү сунуш кылышты. А сиз эмне деп ойлойсуз? Сиз динге кандай аныктама бере алат элеңиз? Мен ошол кезде бул тамаша деп ойлодум. Менин акылым мага машайакчылык — бул ойдон чыгарылган байыркы жомокко негизделген деп айтып жатты. Мен келесоо гана Машайак өлгөндөрдөн тирилгендиги тууралуу тамсилге ишенет деп ойлодум. Көп учурда мен класстагы машайакчылар бир нерсе айтып баштаса эле алардын таш-талканын чыгарууну күтчүмүн. Мага эгер машайакчынын мээсинде буткул болсо да, ал буткул жалгыздыктын айынан өлүп кала тургандай сезилчү. Бирок мен негизинен алар туура эмес экендигин далилдөөнү каалагандыктан — досторумдун сунушун кабыл алдым. Мен бул машайакчылык тарыхтын баарысы эч кандай далилдерге ээ эмес пайдубалда турганына толук ишенчүмүн. Мен мыйзамды изилдеп окуганмын жана далилдер жөнүндө кээ бир нерселерди билчүмүн. Машайакчылыктын абалын кылдаттык менен изилдеп, андан кийин алардын жалган динин жок кылууга кайрылам деп, кирише баштадым. Мен Библиядан баштайын деп чечтим. Библияга ишенүүгө болбойт деген талашсыз далилди тапсам, машайакчылыктын бүт системасы кыйрай турганын билчүмүн. Эгер мен Библияны тарыхый маалымат катары чындык эмес экендигин далилдесем, ошол аркылуу мен бүт машайакчылык — диний кыялкечтердин куру кыялы экендигин далилдемекмин. Албетте, машайакчылар мага алардын китебинде эмне жазылгандыгы жөнүндө айтып беришкен: Машайак кыздан төрөлгөн, Ал кереметтерди көрсөткөн жана өлгөндөн тирилген. Бирок мындан эмне пайда? Эгер мен Ыйык Китепти тарыхый маалымат катары чындык эмес экендигин далилдесем, ошол аркылуу мен бүт машайакчылык — диний кыялкечтердин куру кыялы экендигин далилдемекмин. Мен тапшырмага чындап кириштим. Бир айдан ашык убакыт изилдөө жүргүздүм.Тарыхый адабияттар көп болгон Европанын китепканаларында иштөө үчүн академиялык дем алууга да чыктым. Мен далилдерди таптым. Алар аябай көп эле. Эгер өз көзүм менен көрбөсөм, мен ишенбей турган далилдер эле. Аягында мен бир жыйынтыкка келдим: эгер мен интеллектуалдык жактан чынчыл болууну кааласам, анда мага Байыркы жана Жаңы Осуяттын документтери — байыркы учурдагы документтердин арасынан тарыхый эң шексиз чындык экендигин мойнума алышым керек. Эгер алар чындык болсо, анда мен кенедей эзилген өлкөнүн алыстагы кичинекей шаарындагы уста деп эсептеген, эч кандай келишимдүү келбет да, улуулук да жок уста деп эсептеген бул Адам жөнүндө, Ыйса жөнүндө эмне айтууга болот? Мен далилдерди таптым. Алар аябай көп эле. Мен Эски жана Жаңы Осуяттын документтери — байыркы учурдагы документтердин арасынан тарыхый эң шексиз чындык экендигин мойнума алууга туура келди. Мен Ыйса Машайактын жөн эле уста болбогондугун мойнума алууга туура келди. Ал Өзүн Ким деп атаса, дал Ошол экен. Бул изилдөөлөр менин буга карата мамилемди эле өзгөртүп койбостон, менин бакытты жана жашоонун маңызын издеп баштаганымдагы үч суроомо жооп берүүгө жардам берди. Бирок, Пол Харвей айткандай, «алар жөнүндө кийинчерээк». Мен бул жөнүндө китептин аягында айтып берем. Эң башында мен силер да машайакчылык — бул жөн гана байыркы окуя эмес, кыялкечтердин куру кыялы же куулук-шумдугу жок адамдардын жалганы эмес экендигин билишиңер үчүн, өзүмдүн изилдөө жүргүзгөн учурумда билген негизги маалыматтар менен бөлүшкүм келет. Бул кыйрагыс чындык. Бул чындыкты кабыл алуу менен, сиз үч маанилүү: Мен киммин? Менин тапшырмам кандай? Мен эмне үчүн жаралганмын? — деген суроолорго жооп ала тургандыгыңызга мен кепилдик берем. А сиз эмне деп ойлойсуз? Эгер Кудай чынында адам болсо, анда Өзүнүн жаратканы менен кандай түрдөгү мамилелешүү Ал үчүн эң мыкты болмок? 2-бөлүм. Ыйса башкалардан эмнеси менен айырмаланат? Мен аркылуу жасалган Ыйык Китеп жана машайакчылык менен байланыштуу ачылыштардан соң, бир нече убакыттан кийин мен Лондондо таксиде баратып, айдоочуга Ыйса жөнүндө айттым. Ал ошол замат мындай деп жооп берди: — Мен дин жөнүндө, өзгөчө Ыйса жөнүндө сүйлөшүүнү жактырбайм. Мен да өз убагында жаш машайакчы кыздан Ыйса Машайак анын өмүрүн өзгөрткөнү тууралуу укканымда, так ушундай айтканымды белгилебей кое алган жокмун. Ыйсанын ысымынын өзү адамдарды ойго салып, толкундатат бейм? Ал аларды оңтойсуздандырат, кыжырдантат, сөздү башка жакка бурдургусу келет. Сиз Кудай жөнүндө жай баракат сүйлөшө аласыз, эч ким өзүнөн чыгып кетпейт, бирок Ыйсанын атын атаарыңыз менен — адамдар бул сүйлөшүүнү токтотууну каалашат. Эмне үчүн Будданын, Мухамбеттин же Конфуцийдин ысымдары Ыйсанын ысымынан айырмаланып, мындай келишпес пикирлерди пайда кылбайт? Мунун себеби — бул диний жол башчылардын өздөрүн кудай деп атабагандыгы деп ойлойм. Ыйса менен алардын ортосундагы чоң айырма мына ушуда. Ыйсаны билген адамдар Назареттик бул уста Өзү жөнүндө таң калтыра турган сөздөрдү айтып жатканын тез эле түшүнүшчү. Ал Өзүн жөн гана пайгамбар же устат деп айтпагандыгы айдан ачык. Ал Өзүн ачык эле Кудайга теңеген. Ал Өзүн куткарылууга болгон жалгыз Жол жана күнөөлөрдөн кечирим ала турган жалгыз Булак катары көрсөттү — алар бир гана Кудай ушинтип айта ала турганын билишкен. Көп адамдар үчүн бүгүнкү күндө да Ыйсанын Өзүн Кудайдын Уулу экендиги тууралуу айтканы абдан чечкиндүү жарыя. Биздин плюрализмдик көз караштагы коомубуз үчүн ал сөз абдан эле тайкы жана диний фанатизмдей сезилет. Биз буга ишенгибиз келбейт. Бирок маселе биз эмнеге ишенгибиз келгенинде эмес, Ыйса Өзүн Ким деп атаганында. Анын айткандары чындыкка туура келеби? Мен университеттеги өз досторумдун чакырыгын кабыл алганымда, мына ушуну тактагым келген. Мен Машайактын айткандары канчалык чындык экендигин аныктоо үчүн Инжилдин документтери жөнүндөгү маалыматтарды топтоп, изилдеп баштадым. Ыйса Машайак — бул Кудай деген сөздүн артында эмне тургандыгын түшүнүү максатында мен эң биринчи «Машайактын Кудайлыгы» деген сөзгө анализ жүргүздүм. А сиз эмне деп ойлойсуз? Ыйса Машайак Өзүн Кудайдын Уулу деп атаган. Эмне үчүн көп адамдар үчүн бул мындай маселени түзөт? Эмне үчүн Кудай жөнүндөгү сүйлөшүү Машайак жөнүндөгү сүйлөшүүлөргө караганда жумшагыраак болот? Огастас Х. Стронг, Рочестер атындагы Кудай сөз илимин үйрөтүүчү семинариянын мурунку президенти, өзүнүн «Системалык теологиясында» Кудайга «Ал бардык жандуулардын башталышын, уланышын жана бүтүшүн жөндөп турган, чексиз улуу жана жеткилең Рух» деген аныктама берет.[1] Кудайга берилген мындай аныктама бир гана машайакчыларга эмес, бирок бардык теисттерге, анын ичинде мусулмандарга жана еврейлерге да ылайык келет. Теизм Кудай Инсан жана Ал бүт ааламды ойлоп тапкан жана аны жараткан деп окутат. Азыркы учурда Кудай аны сактайт жана аны башкарат. Бирок машайакчылык теизмде бул аныктамага дагы бир кырдаал кошулат: Кудай Назареттик Ыйса болуп, жерге келген. Ыйса Машайак — бул ысымы менен фамилиясы эмес, чындыгында, бул ысым жана наам. «Ыйса» деген ат Jeshua, Иешуа деген грекче формадан келип чыккан, ал «Жахаба-Куткаруучу» же «Теңир куткарат» дегенди билдирет. «Машайак» деген наам «Мессия» дегенди билдирген грек сөзүнөн келип чыгат (еврейче Mashiach, Дан. 9:26 караңыз), башкача айтканда «майланган». «Машайак» наамы эки даражаны, падышаны жана ыйык кызмат кылуучуну көрсөтөт. Башкача сөз менен айтканда, Ыйса — Байыркы Осуяттагы пайгамбарчылыктарда убадаланган ыйык кызмат кылуучу жана падыша. Бул тастыктоо Ыйсанын Инсандыгын жана машайакчылыктын маңызын туура түшүнүүгө жардам берет. Ыйса деген ат «Жахаба-Куткаруучу» же «Теңир куткарат» дегенди билдирет. «Машайак» деген наам «Мессия» дегенди билдирген «майланган» деген грек сөзүнөн келип чыгат. Инжилде Машайактын Кудай экендиги ачык айтылган. Ыйса жөнүндө айтылган көптөгөн сөздөр бир гана Кудайды атоого тийиштүү сөздөр. Мисалы, кээ бир жерлерде Ыйса Өзүн түз эле Кудай деп атайт: «...ыйык үмүттүү, улуу Кудайыбыз жана Куткаруучубуз Ыйса Машайактын даңкынын көрүнүшүн күтүп жашашыбыз керек» (Тит. 2:13; ошондой эле Жкн. 1:1; Рим. 9:5; Евр.1:8; 1 Жкн. 5:20–21 караңыз). Ыйык Жазуу Аны бир гана Кудайга тиешелүү болгон сапаттар менен сүрөттөйт. Ыйса Бар Болуп Туруучу (Жкн. 1:2; 8:58; 17:5,24 караңыз); бардык жерде болуучу (Мт. 18:20; 28:20); баарын билүүчү (Мт.17:22–27; Жкн. 4:16–18; 6:64); Кудуреттүү (Мт. 8:26–27; Лк. 4:38–41; 7:14–15; 8:24–25; Аян 1:8); түбөлүк өмүрдүн Ээси (1 Жкн. 5:11–12,20) катары көрсөтүлөт. Ыйса Кудайга гана көрсөтүлө турган урмат-сыйды жана табынууну кабыл алган. Шайтан менен болгон талашта Ыйса мындай деген: «Кудай-Теңириңе табын жана бир гана Ага кызмат кыл”, — деп жазылып турат» (Мт. 4:10). Ал Кудайга табынгандай табынууну кабыл алган (Мт. 14:33; 28:9 караңыз), ал эми кээде болсо Ага Кудай катары табынууларын талап кылган (Жкн. 5:23; Эвр. 1:6; Аян 5:8–14 караңыз). Ыйсанын алгачкы жолдоочуларынын көпчүлүгү бир жалгыз Кудайга ишенген жүйүттөр болушкан. Ыйык Жазуу Аны бир гана Кудайга тиешелүү болгон сапаттар менен сүрөттөйт. Ыйса Кудайга гана көрсөтүлө турган урмат-сыйды жана табынууну кабыл алган. Алар барып турган монотеисттер болушкан, бирок кийинки мисалдардан алар Аны адам катары келген Кудай деп кабыл алганын көрүүгө болот. Өзүнүн жетиштүү устаттык билиминин негизинде, чынын айтканда, элчи Пабыл Ыйсага Кудайлык сапатты берип, Назареттик адамга табынып жана Аны Теңир деп айтпашы керек эле. Бирок Пабыл так ушундай кылды. Ал: «Ошондуктан өзүңөргө жана Ыйык Рух тарабынан тапшырылган бүтүндөй үйүргө сак болгула. Теңирдин жана Кудайдын Өз канын төгүп сатып алган Жыйынын кайтаргыла» (Элч.иш. 20:28) — деп айтуу менен Ыйсаны Кудай деп кабыл алган. Ыйса Өз шакирттеринен алардын ою боюнча Аны Ким деп эсептешери жөнүндө сураган кезде, Шымон Петир мындай деген: «Сен тирүү Кудайдын Уулу Машайаксың» (Мт. 16:16). Ыйса Петирдин айткан жообуна каршы чыккан жок, тескерисинче, анын сөздөрүн туура деп кабыл алып, ал сөздөрдүн булагын көрсөткөн: «Бактылуусуң сен, Жунус уулу Шымон! Муну сага адам эмес, Асмандагы Атам ачып берди» (Мт. 16:17). Марта, Ыйсанын жакын досу, Ага мындай деп айткан: «Дүйнөгө келе турган Кудай Уулу Машайак Сен экендигиңе ишенем» (Жкн. 11:27). Ошондой эле Назареттен жакшы эч нерсе чыкпайт деп ишенген Натанаил апачык эле айткан. Ал Ыйсага: «Устат, Сен Кудайдын Уулусуң! Сен Ысрайыл элинин Падышасысың!» — деди (Жкн. 1:49). Биринчи Машайак үчүн азап чеккен Степанды таш бараңга алышканда, ал: «Теңир Ыйса! Менин рухумду алчы», — деп сыйынды (Элч.иш.7:59). Эврейлерге жазылган каттын автору Машайакты Кудай деп атаган: «Ал эми Уул жөнүндө мындай деп айтылган: Оо, Кудай, Сенин тактың түбөлүктүү...» (Эвр. 1:8). Ошондой эле бизде «ишенбөөчү» деп аталган Томастын күбөлүгү бар (мүмкүн, ал студент болсо керек). Томас мындай деген: «Мен Анын колдорундагы мыктын тагын көрмөйүнчө, мыктын тагы калган жерине жана кабыргаларына колумду тийгизип көрмөйүнчө ишенбейм» (Жкн. 20:25). Мен аны түшүнөм. Ал: «Мени уксаңар, ар бир күнү эле кимдир-бирөө тирилип, Өзүн Кудай деп атабайт. Эгер силер буга менин ишенишимди кааласаңар, мага далилдер керек» — дегиси келген. Томас башка шакирттерге Ыйса жөнүндөгү өз шектенүүлөрүн айткандан кийин сегиз күндөн соң «...Ыйса келип, алардын ортосуна турду да: «Силерге тынчтык болсун!» — деди. Андан кийин Томаска кайрылып: «Менин колдорум менен кабыргаларыма колуңду тийгизип көр да, ишенбеген адам болбой, ишенген адам бол!» — деди» (Жкн. 20:26–29). Ыйса Томас Аны Кудай деп кабыл алуусуна каршы болгон эмес. Ал Томастын табынуусу үчүн эмес, ишенбестиги үчүн жекирди. А сиз эмне деп ойлойсуз? Ыйсага болгон мамилеңизде сиз көбүрөөк кимге окшойсуз: Мартагабы (дайыма ишенген),Томаскабы (шектенген) же Натанаилгеби (шекчил)? Бул жерде кайсы-бир сынчы бул Машайактын Кудайлыгы жөнүндөгү сөздөр Анын Өзүнөн эмес, башка адамдардан чыгып жатат деп каршы болушу мүмкүн. Машайактын доорунда жашаган адамдар да бүгүнкү күндөгү бизге окшоп Ал тууралуу туура эмес түшүнүктөргө ээ болушкан. Алар Ага Кудайлык сапатты ыйгарышкан, бирок Ал Өзү ага умтулган эмес. Бирок, эгер биз Инжилди көңүл коюп изилдесек, Машайак Өзү да ушундай сөздөрдү айткандарын табабыз. Мындай аяттар көп жана алардын мааниси шектенүүнү калтырбайт. Машайак чындап эле Өзүн Кудай деп атаганын түшүнүү үчүн Жазууну изилдеген бир ишкер адам мындай деген: «Инжилди окуп туруп, Ыйса Өзүн Кудай деп атаган эмес десе, ал чайыттай ачык күндүн алдында туруп, күндү көрбөдүм деп айтканга барабар». А сиз эмне деп ойлойсуз? Эмне үчүн жүйүттөрдүн жол башчылары Ыйса ишемби күнү айыктырганы үчүн Ага капа болушту деп ойлойсуз? Анткени Ал муну ыйык күндө жасаганы үчүнбү же башка себеп мененби? Жакандын Жакшы Кабарында биз Ыйса менен жүйүттөрдүн тобунун ортосундагы бир талашты окуйбуз. Талаш Ыйсанын ишемби күнү шал адамды айыктыргандыгынын айынан келип чыккан. (Жүйүттөргө ишемби күнү иштөөгө тыюу салынган). «Ошондо жүйүттөр Ыйсаны ишемби күнү айыктыргандыгы үчүн өлтүрмөкчү болуп, куугунтуктай башташты. Ыйса болсо аларга: «Атам ушул күнгө чейин иш кылып жатат, ошондуктан Мен да иш кылып жатам», — деди. «Ал ишемби күнүн гана бузбастан, Кудайды “Атам” деп, Өзүн Кудайга теңеди», — деп, жүйүттөр Ыйсаны өлтүрүү үчүн, мурдагыдан да көбүрөөк аракет кыла башташты» (Жкн. 5:16–18). Сиз: «Жош, токтосоң, уксаң, мен эч кандай далилди көргөн жокмун. Ыйса Кудайды Өзүнүн Атасы деп атаган. Анын эмнеси бар экен? Бардык машайакчылар Кудайды өздөрүнүн Атасы деп аташат, бирок бул алар Кудайдын наамын өздөрүнө ыйгарып жатат дегендикке жатпайт», — дешиңиз мүмкүн. Бирок жүйүттөр Ыйсанын убагында биз байкабай турган Анын сөздөрүнүн маанисин түшүнүшкөн. Биз кандайдыр-бир документти изилдегенибизде ошол замандагы тилге, маданиятка жана өзгөчө бул документ багытталган адамды же элди көңүл коюп карашыбыз керек. Бул учурда кеп жүйүттөрдүн маданияты жөнүндө болуп жатат, ал эми бул сөздөр багытталган адамдар — жүйүттөрдүн диний жол башчылары эле. Ыйсанын сөздөрүндө чындыгында алардын кыжырын кайната турган нерсе бар эле. ««Ал ишемби күнүн гана бузбастан, Кудайды “Атам” деп, Өзүн Кудайга теңеди», — деп, жүйүттөр Ыйсаны өлтүрүү үчүн, мурдагыдан да көбүрөөк аракет кыла башташты» (Жкн. 5:18). Анын сөзүндөгү мындай чектен чыккан каарданууну эмне пайда кылды? Келгиле, азыр бул үзүндүгө карап, 2000 жыл мурун Ыйсанын айтканын жүйүттөр өз маданиятынын кырдаалында кантип түшүнүшкөнүн ойлонуп көрөлү. Сиз: «Ыйса Кудайды Өзүнүн Атасы деп атаган. Анын эмнеси бар экен? Бардык машайакчылар Кудайды өздөрүнүн Атасы деп аташат, бирок бул алар Кудайдын наамын өздөрүнө ыйгарып жатат дегендикке жатпайт», — дешиңиз мүмкүн. Иштин баары Ыйса «биздин Атабыз» деп эмес, «Менин Атам» деп айтканында болуп жатат. Алардын тилинин эрежеси боюнча Ыйсанын айтканынын мааниси Ал Өзүн Кудай менен теңеп жаткандыгын көрсөткөн. Жүйүттөр Кудайды «менин Атам» деп айтышкан эмес. Аташса да, анда сөзсүз «Асмандагы» деген сөздү кошушкан. Бирок Ыйса мындай кылган эмес. Ал Кудайды «Менин Атам» деп, жүйүттөргө так түшүнүктүү кылып айткан. Алардын көз алдында: «Менин Атам ушул кезге чейин жасап жатат, Мен да жасап жатам», — дегени ого бетер жаман болду, Ыйса Өзүнүн кылган иштерин Кудайдын кылган иштери менен бир деңгээлге койду. Бул Өзүн Кудайдын Уулу деген наамга теңеп жаткандыгын далилдейт. Жыйынтыгында, жүйүттөрдүн башчыларынын Ыйсага болгон жек көрүүсү күчөгөн. Башында алар Аны жөн гана кууп жиберүүгө далалаттанышкан болсо, эми өлтүрүүнүн жолун издей башташты. Ыйса Кудайды жөн гана Өзүнүн Атасы деп, Ага теңдешүүгө гана умтулбастан, Ал Атасы менен бирге экендигин тастыктаган. Жаңылануу майрамында кээ бир жүйүттөрдүн дин башчылары Ыйсага келип, Андан: “Сен Машайаксыңбы?” — деп сурашкан. Ал муну ырастоо менен Өз сөздөрүн: «Мен жана Атам бирбиз», — деп аяктаган (Жкн. 10:30). «Ошондо Аны таш бараңга алуу үчүн, жүйүттөр бул жолу да жерден таш алышты. Ыйса аларга: “Мен силердин көз алдыңарда Атамдын атынан көп жакшы иштерди кылдым. Алардын кайсынысы үчүн Мени таш бараңга алгыңар келип жатат?” — деди» (Жкн. 10:31–32). Эмне үчүн жүйүттөр Ыйсанын Атасы менен биримдикте экендиги жөнүндөгү айткан сөзүнө кыжырланганын көрүп, сиз таң калышыңыз мүмкүн. Бул сөздүн грек тилиндеги түзүлүшү бул суроого жооп берет. Өз заманындагы грек тилин эң жакшы билген А. Т. Робертсон грекче “бирбиз” деген сөздүн сүйлөмдөгү маанисин туура кабыл алсак, ал инсандардын биримдиги же максаттарынын бир экендигин эмес, бирок “маңызынын же табиятынын” бир экендиги жөнүндө сөз болуп жатканын көрсөтөт деп жазат. Робертсон ошондой эле: «Бул билдирүү — Машайактын Өзү менен Атасынын ортосундагы өзгөчө мамилеси бар экендигин көрсөтүүнүн эң жогорку чекити. Бул фарисейлердин башкара албай турган каарын пайда кылды», — деп айткан.[2] Бул сөздөрдөн жүйүттөр Ыйсанын Өзүн Кудайга теңегендигин угушкандыгы айдан ачык. Мельбурндагы Ридли атындагы колледждин мурунку директору Леон Моррис минтип жазат: “Жүйүттөр Ыйсанын сөздөрүнөн Кудайга акарат келтирип жаткандыгын көрүшкөндүктөн, Анын үстүнөн сот жүргүзүүнү каалашкан. Мыйзамда Кудайга акарат келтиргендерди таш бараңга алуу керектиги жазылган” (Леб. 24:16 кара). Бирок бул адамдар мыйзамга баш ийгилери келген эмес. Бийликтегилер тиешелүү жаза бериши үчүн, алар айыптоону да даярдашкан эмес. Ашынган нааразычылыктан улам жүйүттөр бир эле учурда өздөрү сот да, жазалаган желдеттин да милдетин алышкан.[3] Жүйүттөр Ыйсаны Кудайга акарат келтиргендиги үчүн таш бараңга алгылары келди, демек алар Анын Өзүн Кудайга теңегендигин түшүнүшкөн. Бирок биз эмне үчүн алар токтоп, Анын айткандары чындык эмеспи деп ойлошкон жок деп сурайттырбыз. Ыйса дайыма Өзүнүн Кудай менен табияты жана маңызы бир экендигин айткан. Ал кайраттулук менен: «Силер Мени да, Атамды да билбейсиңер. Эгерде Мени билсеңер, анда Менин Атамды да билмексиңер», — деп айткан. (Жкн. 8:19). «Мени көргөн адам Мени жиберген Кудайды көргөн болот» (Жкн. 12:45). «Ким Мени жек көрсө, ал Атамды да жек көрөт» (Жкн. 15:23). «Ал аны Өзүн урматташкандай эле, Уулун да баары урматташы үчүн берген. Уулун урматтабаган адам Аны жиберген Атасын да урматтабайт» (Жкн. 5:23). Бул алынган цитаталардан Ыйса Өзүн жөн гана адам катары эсептебегендиги ачык эле көрүнөт; Ал Өзүн Кудайга теңеген. Кимде ким Ыйсаны жөн гана Кудайга жакын болгон же Аны жакшыраак билген деп эсептесе, “Уулун урматтабаган адам Аны жиберген Атасын да урматтабайт» деген сөздүн үстүнөн ойлонуп көрүш керек. А сиз эмне деп ойлойсуз? Жүйүттөр Ыйсаны Кудайга акарат келтиргени үчүн таш бараңга алууну каалашты. Алар Ага ишенбегендиги үчүн өздөрүн күнөөлүү сезиштиби? Же алар Анын таанымал болуп кеткенине ичтери күйүп, көз артыштыбы? Мен Батыш Виргиниядагы университеттердин биринде адабият боюнча лекция окуп жатканымда, бир профессор менин сөзүмдү бөлүп, Ыйса Өзүн Кудай деп айткан жалгыз Жакшы кабар — бул Жакан жазган Жакшы кабар жана ал акыркы болуп жазылган деп айтты. Андан кийин ал эң байыркы Марктын Жакшы кабарында Ыйса бир да жолу Өзүн Кудай деп атабайт деп кошумчалады. Бул адам Маркты көңүл коюп окуган эмес. Мен ага жооп катары Марктын Жакшы кабарындагы Ыйсанын күнөөлөрдү кечирүүгө бийлиги бар экендигин айткан жерин эстеттим. «Алардын ишенимин көргөн Ыйса шал оорулууга: “Балам, күнөөлөрүң кечирилди”, — деди» (Мк. 2:5; ошондой эле Лк. 7:48–50 караңыз). Жүйүттөрдүн мыйзамына ылайык бир гана Кудай мындай айта алмак; Ыш. 43:25 жазылганына караганда Кудай гана күнөөлөрдү кечире алат. Мыйзам окутуучулар Ыйсанын ал адамдын күнөөлөрүн кечиргенин угушканда, алар: «Эмне үчүн Ал ушинтип айтып жатат? Ал Кудайга акарат келтирип жатат! Күнөөлөрдү бир Кудайдан башка ким кечире алат?» — деп ойлошту (Мк.2:7). Ошондо Ыйса алардан сурады: Шал оорулууга кайсынысын айткан оңой: “Күнөөлөрүң кечирилди” дегенби же “Ордуңан туруп, төшөгүңдү ал да, баргын” дегенби? Кимде ким Ыйсаны жөн гана Кудайга жакын болгон же Аны жакшыраак билген деп эсептесе, «Уулун урматтабаган адам Аны жиберген Атасын да урматтабайт» деген сөздүн үстүнөн ойлонуп көрүшү керек. “Виклифтин Библияга берген комментариясына” ылайык бул — жооп берүүгө кыйын болгон суроо. Бул эки сөздү тең айтуу бирдей оңой; бирок тигини да, муну да кылуу үчүн Кудайлык күч зарыл. Албетте, айыбы ачылып калаарынан корккон, өзүнө жалган атак берген адам биринчиси оңой деп эсептемек. Ыйса болсо бардыгы Анын керектүү кудуреттүү бийлиги бар экенин билиши үчүн, ал адамды айыктырды.[4] А сиз эмне деп ойлойсуз? Сиз кандай ойлойсуз, эмне үчүн Ыйса шал оорулуу адамга: «Ордуңан туруп, төшөгүңдү ал да, баргын» дебестен, «Күнөөлөрүң кечирилди» деди? Ошентип, диний жол башчылар Аны бул сөздөр үчүн Кудайга шек келтирдиң деп айыпташты. Льюис Сперри Чэфер, Далластагы Кудай Сөзүн окутуу семинариясынын негиздөөчүсү жана биринчи президенти мындай деп жазат: Жер бетиндеги эч бир тирүү жандын күнөөлөрдү кечирүүгө бийлиги же укугу жок. Биз Кимге каршы күнөө жасаган болсок, Ошодон бөлөк эч ким күнөөлөрдү кечире албайт. Машайак күнөөлөрдү кечирген убакта, Ал адамдык укукту колдонгон эмес. Кудайдан бөлөк эч ким күнөөлөрдү кечире албаган соң, анда күнөөлөрдү кечирген Машайак Кудай экендигинен шек саноого болбойт.[5] Бир канча убакыт бою мен күнөөлөрдү кечирүү түшүнүгү жөнүндө ой жүгүртүп жүрдүм, бирок ал мен үчүн жашыруун бойдон калды. Бир жолу философия боюнча болгон сабакта Машайактын Кудайлыгы жөнүндөгү суроого жооп берип жатып, мен Мк. 2:5 мисал келтирдим. Угуучулардын бирөөсү Машайактын күнөөлөрдү кечириши эч кандай Анын Кудайлыгын далилдей албайт деп, мага каршы чыкты. Ал: “Машайак Өзүн Кудайга теңебей туруп деле, адамдарды кечире алмак”, — деп айтты. Адамдар дайыма бири-бирин кечиришет. Бул адамдын сөзүнүн үстүнөн ой жүгүртүү менен, мен капыстан өз суроомо жооп алдым. Мен эмне үчүн диний жетекчилер Машайактын жүрүш-турушуна так ушинтип нааразыланышканын түшүндүм. Ооба, адам ага каршы бирдеме жасаган болсо, анда: “Мен сени кечирдим”, — деп айта алат. Эгер сиз мага каршы күнөө кылган болсоңуз, мен сизди кечирүүгө укугум бар. Бирок эгер сиз башка кимдир-бирөөгө каршы күнөө жасаган болсоңуз, анда менин кечирим берүүгө укугум жок. Шал оорулуу адам Ыйса деген адамга каршы күнөө жасаган эмес, алар мурда эч качан кезигишкен эмес. Ал Кудайга каршы күнөө жасаган. Анан Ыйса келип, Өз бийлиги менен: “Сенин күнөөлөрүң кечирилди”, — деп айтты. Ооба, бизге каршы жасалган күнөөнү кечире алабыз, бирок Кудайга каршы жасалган күнөөнү Кудайдын Өзүнөн бөлөк эч ким кечире албайт. А Ыйса мына ошондой кылчу. А сиз эмне деп ойлойсуз? Сиз Кудайга каршы жасалган күнөөнү Кудайдын Өзүнөн бөлөк эч ким кечире албайт дегенге макулсузбу? Назареттик жыгач устанын мындай кайраттуулук менен айткан сөзүнө жүйүттөрдүн ачууланышы таң калыштуу нерсе эмес. Ал күнөөлөрдү кечиргенге бийлигим бар деп жарыялоосу Кудайга гана таандык укукту талашуусун көргөзүп турду. Бизге каршы жасалган күнөөнү кечире алабыз, бирок Кудайга каршы жасалган күнөөнү Кудайдын Өзүнөн бөлөк эч ким кечире албайт. А Ыйса мына ошондой жасачу. Ыйса Өзүн Кудайдын Уулумун деп атаган дагы башка бир учур — бул Аны соттошкон учур (Мк 14:60–64 караңыз). Бул сотто Ыйса Өзүнүн Кудайлыгы тууралуу бир кыйла ачык эле айтат. «Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу ортого чыгып, Ыйсадан: «Сен эмне такыр жооп бербейсиң? Сага каршы булар эмне деп күбөлөндүрүп жатышат?» — деп сурады. Бирок Ыйса унчуккан жок, эч кандай жооп да берген жок. Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу Ыйсага дагы мындай суроо берди: «Даңктуу Кудайдын Уулу, Машайак Сенсиңби?». «Менмин! Силер Адам Уулунун кудуреттүү Кудайдын оң жагында отурганын жана асмандагы булуттар үстүндө келе жатканын көрөсүңөр», — деп жооп берди Ыйса» (Мк. 14:60–62). Алгач Ыйса жооп берүүнү каалабады, Аны ант берүүгө мажбур кылышты. Ыйса жооп берүүгө мажбур болду (мен Анын муну жасаганына кубанычтамын!). Ал: «Даңктуу Кудайдын Уулу, Машайак Сенсиңби?» — деген суроого ишеничтүү так жооп берди. Ыйса «асмандагы булуттар үстүндө келе жаткан Адам Уулу» жөнүндө эскертүү аркылуу Даниел китебинен 7-бөлүмдөгү 13–14-аяттардын четин чыгарган: Мен түнкү көрүнүштөрдө адам Уулуна окшогон бирөөнүн асман булуттары менен келе жатканын көрдүм. Ал Күндөрү Байыркыга келди, Аны Күндөрү Байыркынын алдына алып келишти. Ошондо бардык элдер, уруулар жана улуттар Ага кызмат кылышы үчүн, Ага бийлик, даңк жана падышалык берилди. Анын бийлиги — өтүп кетпей турган түбөлүктүү бийлик, Анын падышачылыгы — кулагыс падышачылык. Көп таралган жаңылышууларга карабастан, «Адам Уулу» деген сөз Ыйсанын адамдык табияты жөнүндө эмес, бирок Анын Кудайлык табияты жөнүндө айтат. Ыйса Өзүн Адам Уулу деп атаган кезде, Ал Өзүнүн Кудайлыгы жөнүндө айткан. «Ыйсага Өз ордун бергиле» деген китепте Роб Боумен менен Эд Коможевски бул Даниилдин көргөн көрүнүшүнө кандай байланышы бар экенин төмөнкүдөй түшүндүрүшөт: Даниил көргөн көрүнүштөгү адамга окшош болгон келбет соттун бардык бийлигине ээ жана түбөлүк падышачылык кылат. Бул жерде өтүп кете турган нерселер жана көз карандылык жөнүндө эч нерсе айтылбайт. Булуттардын үстүндө келе турган катары сүрөттөлүшү да Анын Кудайлыгын көрсөтөт, себеби Эски Осуяттын башка жерлеринде булут үстүндө жүргөн бир гана кудайлык инсанды сүрөттөгөндө колдонулат.[6] Ошентип, Дан. 7:13 кө таянуу менен, Ыйса Өзүн Кудайга теңеген жана Ал — Кудайдын оң жагында отурган жана бүт адамзатынын үстүнөн түбөлүккө бийлик кыла турган дал ошол асмандык фигура экендигин айткан. Жүйүттөрдүн башчылары: Ыйса Өзүн Кудай деп атап, Кудайга акарат келтирди деп кыжырданышкандыгы таң калыштуу эмес! Ыйса Өзүн Кудай деп мойнуна алганы түшүнүктүү. Машайактын күбөлөндүрүүсүн изилдөө аркылуу Ал Өзүн: 1) Кудайдын Уулу; 2) Кудуреттин оң жагында отуруучу; 3) булуттардын үстүндө келе турган Адам Уулу деп атаганын көрдүк. Бул сөздөрдүн баары түпкүлүгүндө Анын Машайак экендигинен кабар берет. Бул үч билдирүү биригип, кандай таасир бергендиги маанилүү. Синедрион, жүйүттөрдүн жогорку соту бул үч билдирүүнүн баарын түшүнүшкөн, дал ошол себептен башкы ыйык кызмат кылуучу кийимин айрып жиберип: «Бизге дагы кандай күбөлөр керек?» — деди (Мк. 14:63). Алардын баары өздөрү Ыйсанын жеке Өз оозунан угушту. Ал Өзүн Өзү соттоду. Скотланд-Ярдда кылмыш иштерин изилдөө бөлүмүн башкарган Роберт Андерсон мырза бул жөнүндө мындай дейт: Эч бир күбөлөндүрүү кастык мамиледей болуп, башкаларды ынандыра албайт, Теңир Өзүн Кудайга теңегендиги жөнүндөгү факт Анын душмандарынын жүрүш-турушунан эле көрүнүп турат. Биз жүйүттөрдүн уруу болуп жашаган маданиятсыз жапайы адамдар эмес, тескерисинче, жакшы билимдүү жана абдан такыбаа эл экендигин эсибизден чыгарбашыбыз керек; жана ушул айыптоонун негизинде өзүнүн ичинде I кылымдагы жүйүт философу Гамалиел жана анын белгилүү шакирти Тарстык Шабылды камтыган эң атактуу динчил төбөлдөр кирген улуу улуттук кеңеш — синедрион Ыйсаны эч талашсыз эле өлүм жазасына тартты.[7] Ошентип, Ыйса Өзү жөнүндө так эмнени айткысы келгендиги түшүнүктүү эле болуп турат. Биз жүйүттөрдүн Анын жоопторун Өзүн Кудайга теңегендей кабыл алганын көрүп жатабыз. Аларда эки жол бар болчу: же Анын айткандарын Кудайга каршы акарат катары кабыл алуу, же Аны Кудай деп кабылдоо. Соттор муну түшүнүшкөн, андыктан Аны айкаш жыгачка кадашкан, Анын үстүнөн келекелеп күлүшкөн, анткени «Ал Кудайдан үмүттөнчү... Ал: “Кудайдын Уулумун”» — дебеди беле” (Мт. 27:43) — дешип, абдан айкын түшүнүшкөн. А сиз эмне деп ойлойсуз? Жүйүт башчыларынын Ыйсанын айткандарына кылган мамилеси сизге бул сөздөрдүн чындык экендигин белгилүү деңгээлде далилдеп жаткандай сезилбейби? Эгер сиз жүйүт башчысы болсоңуз, эмне кылат элеңиз? Кембридж университетинин Эски Осуят боюнча адиси, профессор Г. Б. Свит башкы ыйык кызмат кылуучунун кийимин айрып жибергендигинин маанисин мындайча түшүндүрөт: Мыйзам башкы ыйык кызмат кылуучуга өзүнүн жеке жагымсыздык учурларында кийимин айрыганга тыюу салган (Леб. 10:6; 21:10), бирок ал соттун милдетин аткарып жатканда, анын алдында Кудайды жамандаган ар бир учурда дал ушинтип өз нааразылыгын билдириши керек эле. Бул учурда аргасы түгөнгөн соттун жеңилдегени ачык көрүнгөн. Ишенимдүү күбөнүн табылышынын кажети жок болду: айыпкер Өзүн Өзү айыптады.[8] Көпчүлүк учурда кылмышкерди анын кылган иши үчүн соттошот, Ыйсанын соту андай болгон жок. Аны Ал Өзүн Ким деп атагандыгы үчүн соттошту. Биз мунун катардагы эле сот процесси болбогондугун түшүнүп баштадык. Юрист Ирвин Линтон минтип белгилейт: Айыпкердин кылган иши эмес, анын ким экенин көрсөткөн инсандыгы үчүн болгон сот — өзгөчө сот. Машайакка коюлган айып, моюнга алуусу же күбөлөндүрүүлөр, же соттун алдындагы адамдардын иш-аракеттери, ошолордун негизинде Ал айыпталган, римдик губернатордун сурагы, жазаланган кездеги Анын айкаш жыгачындагы жазуу — булардын баары Машайактын Инсандыгы жана Анын даражасы жөнүндөгү суроолор менен байланыштуу. «Сиз Машайак тууралуу эмне деп ойлойсуз? Ал Кимдин Уулу?»[9] Нью-Йорктун Жогорку Сотунун мурдагы кызматчысы Уильям Жей Гэйнор Ыйсанын үстүнөн болгон сот жөнүндөгү кебинде: синедриондун Ага каршы койгон жалгыз айыптоосу Кудайга тил тийгизгендик гана болгон деп айтат. Гэйнор Жкн. 10:33түн негизинде мындай деп көрсөтөт: «Жазылган Жакшы Кабарлардын баарынан Ыйсаны Кудайга акарат келтиргендиги үчүн соттошкон жана өкүм чыгарышканын көрөбүз... Ыйсанын кудуреттүү бийликке эгедермин деген эле, ал эми бул адам үчүн Кудайга тил тийгизгендик болуп эсептелген».[10] Көпчүлүк учурда кылмышкерди анын кылган иши үчүн соттошот, Ыйсанын соту андай болгон жок. Аны Ал Өзүн Ким деп атагандыгы үчүн соттошту. Ыйсанын үстүнөн болгон бир сот эле биз үчүн жетиштүү: Ал Өзүн Кудаймын деп атаган. Анын соттоочулары бул билдирүүнү угушту. Айкаш жыгачка кадаган күнү Анын душмандары да Ал Өзүн денеде келген Кудаймын деп атаган дешти. Башкы ыйык кызмат кылуучулар да мыйзам окутуучулар жана аксакалдар менен бирге Аны мындай деп шылдыңдашты: «Башкаларды куткарды, Өзүн болсо куткара албайт! Эгерде Ал Ысрайылдын Падышасы болсо, айкаш жыгачтан түшсүн, ошондо биз Ага ишенели. Ал Кудайдан үмүттөнчү эмес беле. Эгерде Ал Кудайга жакса, Кудай Аны куткарып алсын. Анткени Ал: “Кудайдын Уулумун”, — дебеди беле». (Mт. 27:41–43). 3-бөлүм. Кудайбы, жалганчыбы же келесообу? Эгер бүгүнкү күндө Ыйсанын ысмын интернеттен издей турган болсоңуз, сиз ошол замат 181 миллион шилтеме таба аласыз. Эгер Amazon.com сайтында Ыйсанын ысмын тере турган болсоңуз, сиз Ал жөнүндө 261 474 китепти таба аласыз. Ушунчалык көптөгөн ар кыл ойлорубуз бар болуп туруп, тарыхый инсан болгон Ыйсага ишенүбүүздү уланта алабызбы? Көп адамдар Ыйса тууралуу Кудай катары эмес, бирок жакшы, жогорку деңгээлдеги адеп-ахлактуу такыба адам катары же көптөгөн олуттуу чындыктарды айткан, өтө кескин учураган акылдуу пайгамбар катары кабыл алууну каалашат. Көп учурда окумуштуулар интеллектуалдык ой жүгүртүүнүн жардамы менен ушундай гана жалгыз жыйынтыкка келүүгө болот деп эсептешет. Ал эми көбү бул ой канчалык ката экендигин түшүнүүгө аракет да кылбастан, буга макул болуу менен, жөн гана баш ийкешет. Ыйса Өзүн Кудай деп атаган жана Ал Өзүн Ким деп атаса, Ошол экенине адамдардын ишенүүсү Ал үчүн өзгөчө маанилүү болгон. Биз же Ага ишенебиз, же ишенбейбиз. Ал бизге ортодогу тандоону жана үчүнчү мүмкүнчүлүктү бербейт. Өзүн Кудаймын деп атаган адам жөн гана жакшы боорукер адам же пайгамбарлардын бири боло албайт. Бизде Аны ошондой гана деп эсептегенге мүмкүнчүлүк жок, Ыйса биздин ушундай деген ойдо болуубузга мүмкүнчүлүк берген да жок. Кембридж университетинин профессору, мурунку кезде агностик болгон К. С. Льюис муну эң мыкты түшүнгөн. Ал мындай деп жазган: Мен бул жерде адамдардын Ал жөнүндө: «Мен Ыйсаны такыбаалыктын улуу устаты катары кабыл алам, бирок Анын Кудай болгондугун кабыл ала албайм» деп айткан, чындыгында акылсыздык болгон сөздөргө бөгөт койгонго аракет кылып жатам. Так ушуну биз айтпашыбыз керек. Кадыресе эле адам болуп туруп, Ыйса айткан нерсени айткан адам жөн гана такыбаалыктын улуу устаты боло албайт. Ал же акылынан адашкан келесоо, же өзүн бышырылган жумурткамын деп атаган адам сыяктуу, ал тозоктон келген шайтан болушу мүмкүн. Сиз тандашыңыз керек. Же бул адам — Кудайдын Уулу болгон жана боло берет, же Ал келесоо, же андан да жаман. Андан ары Льюис минтип кошумчалайт: Сиз Аны акылсыз деп кууп сала аласыз, сиз Ага түкүрүп, ибилис катары жекирип, Аны өлтүрө аласыз, же болбосо Анын бут алдына жыгылып, Аны Теңир жана Кудай деп атай аласыз. Бирок сандырактап, Ал болгону такыбаалыктын улуу устаты деп айтуудан сактаналы. Ал бизге мындай мүмкүнчүлүк калтырган жок. Ал муну кылууну каалаган да эмес. [11] Кембридж университетинин профессору, жыйырма сегиз жыл бою Жаңы Осуятты сындоо менен казып изилдеген Ф. Дж. А. Хорт минтип жазат: Анын сөздөрү Анын Өзүнүн бир бөлүгү болгон, Анын айткандарынын баары Кудай даарыган көз ачык катары же пайгамбар катары айткан жөн эле абстрактуу чындык эмес, Өзүнүн Ким экенин билдирүү катары айтылган сөздөр эле. Эгер айтылган сөздөрдүн ар биринен Анын Өзүн биринчи субъект (чындыгында, Ал жалгыз субъект) катары алып сала турган болсок, алардын баардык маани-маңызы жоголмок.[12] Йель университетинин машайакчылыктын тарыхы боюнча окутуучусу Кеннет Скотт Латуретт мындай деген: Ыйсаны улуу кылган Анын окутуусу эмес, чындыгында, тарыхта атагы чыгуу үчүн ошол деле жетиштүү болмок. Эң башкысы — Анын окутуусу менен Инсандыгынын айкалышы эле. Аларды бири-биринен бөлүүгө мүмкүн эмес. Андан ары Латуретт мындай жыйынтык чыгарат: Инжилди көңүл коюп окуган ар бир адам Ыйса Өзүн жана Өзүнүн сөздөрүн бөлүнгүс деп эсептегенин баамдай алат. Ал улуу Устат болгон, бирок бир гана устат эмес эле. Анын Кудайдын Падышачылыгы жөнүндө, адамдын адеп-ахлагы, Кудай жөнүндөгү окутуулары абдан маанилүү, бирок аларды Андан бөлүп кароого болбойт. Болбосо алардын баары маани-маңызынан ажырайт.[13] Ыйса Өзүн Кудаймын деген. Анын айткандары же чындык болуш керек, же жалган болуш керек, баардыгы буга Ал Өзүнүн шакирттеринен күткөндөй көңүл бурушу керек эле, Ал алардан мындай деп сураган: “Силер Мени Ким деп эсептейсиңер?” (Мт. 16:15). Жооптун ар кандай түрлөрү бар. Биринчиден, Өзүн Кудайга теңегендиги жалган деп божомолдоп көрөлү. Мындай учурда бизде эки гана вариант калат. Же Ал Өзү мунун жалган экенин билген, же билген эмес. Келгиле, биз булардын ар бирин таразалап, тастыктап, далил келтирүү менен талдап көрөлү. Ыйса жалганчы болгонбу? Эгер Ыйса Өзүн Кудаймын деп айткан учурда Кудай эмес экендигин билсе, анда Ал жалган айткан жана билип туруп эле Өзүнүн жолдоочуларын алдаган. Эгер чын эле жалганчы болсо, анда Ал ошондой эле эки жүздүү болгон, анткени башкаларды бардык учурда чынчыл болууга үйрөткөн. Ал тургай андан да жаманы Ал ибилис да болушу ыктымал, себеби Ал адамдарды Ага өз жашоолорун түбөлүккө ишенип тапшырууга чакырган. «Ал болгону такыбаалыктын улуу устаты деп айтуудан сактаналы. Ал бизге мындай мүмкүнчүлүктү калтырган жок. Ал муну кылууну каалаган эмес». К. С. Льюис Эгер Ал Өзүнүн убадасын аткара албаса жана бул жөнүндө билсе, демек, Өз жолдоочуларына жалган үмүт бергендиктен, Ал нагыз карасанатайлыктын башаты болгон. Акыр-аягында Ал келесоо болгон, себеби Ал Өзүн Кудаймын деп айткандыктан Аны соттошту, айкаш жыгачка кадашты. Болбосо, Ал жок дегенде акыркы көз ирмемде куткарылып калыш үчүн, баш тарта алмак. Мен көпчүлүк адамдардын Ыйса жөн гана такыбаалыктын жакшы устаты болгон деп айтышкандарына таң калам. Келгиле, реалдуу түрдө карап көрөлү. Такыбаалыктын улуу устаты Өзү билип туруп, кантип атайылап адамдарды Өзүнүн окутуусунун эң маанилүү пункту болгон — Өзүнүн жеке табияты жөнүндө суроодо тескери жолго бурсун? А сиз эмне деп ойлойсуз? Эмне үчүн биз Ыйса жөн гана такыбаалыктын жакшы устаты болгон деп тастыктай албайбыз? Ал Өзүнүн шакирттерине үйрөткөн жана ушул убакытка чейин актуалдуу бойдон калган кайсы-бир “моралдык нормаларды” билесизби? Ыйса билип туруп эле адамдарга жалган айткан деген жыйынтык биздин Ал жөнүндө жана Анын жашоосу менен окутуусунун адамдарга тийгизген таасири жөнүндө билген нерселерибизге карама-каршы келип жатат. Ыйсанын ысмы жарыяланган жерде адамдардын өмүрү жана бүтүндөй элдердин жашоосу жакшы жагына өзгөрүлгөн, уурулар чынчыл болуп калышты, аракечтер арагын таштап, өч алууну көздөгөн жүрөгү таш адамдар сүйүүнүн жетегинде жашап, мыйзамсыздар адил адамдарга айланышты. Улуу Британиянын белгилүү тарыхчыларынын бири, уюшулган машайакчылыкка каршылаш болгон Уильям Лекки чыныгы машайакчылыктын дүйнөгө таасир эткенин көргөн. Ал минтип жазат: Машайакчылыкка дүйнө жүзүнө үлгү боло турган бир каарманды көрсөтүү күн мурунтан дайындалган экен, ал идеал өткөн он сегиз кылымдын ичинде болгон көптөгөн өзгөрүүлөрдүн негизинде адамдардын жүрөгүнө сүйүү толтурду; ал бардык кылымдар үчүн, бардык элдер үчүн, темперамент жана шарттар үчүн таасирдүү болду; жөн гана жакшылык кылуунун жогорку үлгүсү гана болбостон, аны иш жүзүндө жасап көрүү үчүн күчтүү түрткү болду... Бул Инсандын өмүрүнүн акыркы үч жылы эле акылдуусунган нечен философтордун жана акыл айтканды жакшы көрүүчүлөрдүн айткандарына караганда, адамзаттын кайра жаралышына жана өзгөрүшүнө алда канча жогору таасирин тийгизген. [14] Тарыхчы Филипп Шафф мындай дейт: Эгерде айтылган сөздөр чындык эмес болсо, анда ал ачык эле Кудайга акарат келтиргендик же акылсыздык болушу керек. Биринчи жоромолубуз ошол замат четке кагылат. Себеби, бардык адамдар тарабынан кабыл алынган Ыйсанын ар бир сөзүнөн жана ишинен көрүнгөн моралдык тазалыгы жана кадыр-баркы буга айкын мисал. Бул маанилүү маселеде чар-тарабы чак, төгөрөгү төп келген интеллектен жаңылып калууга эч мүмкүн эмес. Кантип эле жөнөкөй бир фанат же келесоо ар дайым акылын тунук тутуп, булуттардан жогору турган күн сымал бардык кыйынчылыктардан жана куугунтуктардан өйдө турсун; эң бир татаал суроолорго эң сонун жоопторду берсин; өзүнүн айкаш жыгачтагы өлүмүн, үчүнчү күнү тирилишин, Ыйык Рухтун төгүлүшүн, жыйындын негизделишин, Иерусалимдин кыйрашын алдын ала айта алсын? Анын алдын ала айткандарынын баары так аткарылды. Мындай кайталангыс, өзгөчө, кынтыксыз, ырааттуу, жеткилең, адамгерчиликтүү, ошол эле учурда улуулугу боюнча ар кандай инсандыктан жогору турган мүнөз жалган же ойлоп чыгарылган нерсе боло албайт. Андай болгондо, илгерки убакта айтылгандай, мындай учурда акын өз каарманынан алда канча улуу болуп калмак. Ыйсаны ойдон чыгаруу үчүн, Ыйсадан алда канча улуу болуш керек.[15] Башка жайда Шафф Машайакты жалганчы деп атаганга каршы көп ынанымдуу далилдерди келтирет: Логикага, акыл-эске жана тажрыйбабызга таянуу менен ой жүгүртүп көрөлү: кантип эле жалган атак алган — жалганчы, өзүмчүл, күнөөкөр адам тарыхта башынан аягына чейин эң бир ыйык, эң бир адил адамдын образын ушунчалык чындыкта реалдуу кылып көрсөтө алсын? Кантип эле ал өз заманынын жана өз элинин катаал мамилелерине карабай асыл, аруу, бийик максаттар үчүн план түзүп, аларды ишке ашыра алсын?[16] Эгер Ыйса элдин Анын артынан ээрчип, Ага Кудай катары ишенүүлөрүн кааласа, эмне үчүн Ал жүйүттөргө келди? Эмнеге эч кандай бааланбаган айылдан чыккан жөнөкөй уста чоң эмес, калкы аз өлкөдө ушундай кылды? Эмне үчүн жалгыз Кудайга катуу ишенген элге келди? Эмне үчүн Ыйса көптөгөн кудайларга жана ар кандай сыйкырдуу көрүнүштөргө ишенген Мисирге же Грецияга барган жок? Ыйсадай болуп жашаган, Ыйсадай болуп окуткан, Ыйсадай болуп өлгөн Адам жалганчы боло албайт. Келгиле, кийинки жоромолду карап көрөлү. Ыйса келесоо болгонбу? Эгер биз Ыйсанын жалганчы болушу жаңылыштык деген жыйынтыкка келген болсок, анда балким Ал Өзүн Кудай деп жаңылышып жаткандыр? Бул жашоодо жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк барбы? Бирок биз төмөнкүнү эстешибиз керек: эгер адам Өзүн Кудай деп эсептеп, өзгөчө монотеисттик коомдо жаңылышып жатса жана башкаларга алардын түбөлүктүүлүктөгү өмүрү Андан көз каранды деп айтып жатса, анда бул жөнөкөй айыпсыз фантазия эле эмес, а Өзүн-өзү алдоо жана келесоонун куру кыялы. Ыйса Машайак келесоо болушу мүмкүнбү? А сиз эмне деп ойлойсуз? Сиз кантип ойлойсуз, эмне үчүн Ыйса Өзүнүн сөзү менен жүйүттөргө кайрылган? Ал үчүн Өзүнүн кызматы башталганга чейин жыгач уста болуп иштеши артыкчылык болгонбу? Бүгүнкү күндө Өзүн Кудаймын деп эсептеген адамга өзүн Наполеонмун деп атаган адамга жасагандай мамиле кылышмак. Биз аны өзүн алдаган акылсыз келесоо деп эсептеп, ал өзүнө жана айланадагыларга зыян келтирбесин деп жиндиканага жөнөтмөкпүз. Бирок биз Ыйсанын жүрүш-турушунан эч кандай келесоону коштогон чектен чыгууларды көрө албайбыз. Эгер Ал келесоо болсо, анда Анын жүрүш-турушу жана Өзүн Өзү башкаруусу чындыгында таң калыштуу. Улуу психиатрлар Артур Нойэс жана Лоренс Колб «Заманбап клиникалык психиатрия» деген өздөрүнүн новатордук эмгегинде шизофреникти реалдуу турмуштан алыстаган адам катары сүрөттөшөт. Шизофреник реалдуу турмуштан качып кетүүнү каалайт. Келгиле, чындыктын көзүнө карайлы: жөнөкөй адамдын Өзүн Кудаймын деп аташы — бул реалдуу дүйнөдөн качуу. Ыйса жөнүндө билгендерибиздин баарын карай турган болсок, Анын акылы кем катары элестетүү биз үчүн кыйынга турат. Ал качандыр-бир убакта жазылып калган, эң залкар ойлорду айткан. Анын насаат сөздөрү көптөрдү акыл жагынан болгон кулчулуктан бошоткон. Маккастердин Кудай сөзүн окутуучу колледжинин системалык теологиясы боюнча профессору Кларк Х. Пиннок мындай собол баштайт: «Ал Өзүнүн улуулугу тууралуу жаңылып калганбы? Ал параноик, атайылап алдаган шизофреник болгонбу? Жок! Анын окутуусунун өткүрдүгү жана тереңдиги Анын акылынын жетик экенин көрсөтөт. Бизде Анын акылындай акыл болсо кана!».[17] А сиз эмне деп ойлойсуз? Сиз Ыйсанын жүрүш-турушунан (Анын Өзүн Кудай деп эсептегенден башка) Анын келесоо экендигин көрсөткөн бирдемени көрө аласызбы? Эгер Ал бүгүнкү күндө жашай турган болсо, сиз Анын айткандарын угууну каалайт белеңиз? Калифорния университетинен бир студент мага анын психология сабагынан берген профессору сабак убагында мындай дегенин айтып берди: «Мага келген көп оорулуулар үчүн Библияны алып, Машайактын окуутууларынан бир нерсени окуп коюу эле жетиштүү. Бул алар муктаж болгон дары». Психолог доктор Гэри Коллинс мындай деп түшүндүрөт: Ыйса сүйүүгө толуп турган, бирок Өзүнүн боорукердиги Өзүнө тоскоол болушуна жол берген эмес; Аны көп учурда Ага суктанган топ эл курчап жүрсө да, Ал текебер болгон эмес; Ал жашоосунун жөнөкөй эместигине карабастан, Өзүн кармай билген; Ал дайыма Өзүнүн эмне кылып жаткандыгын жана кайда баратканын баамдап турган; Ал коомдо бааланбаган, адам катары саналбаган адамдар жөнүндө, анын ичинде аялдар жана балдар жөнүндө да кам көргөн; Ал адамдардын күнөөсүнө көз жумуп койбостон, аларды кабыл алууга жөндөмдүү болгон; Ал элдерге керектүү жоопторду берген жана алар эмнеге муктаж болсо, ошону берген. Жалпысынан алганда, мен Ыйсанын кандайдыр-бир акыл жагынан болгон оорудан азап чеккен белгилерин көргөн жокмун... Ал мен билген бардык адамдардын арасынан, — анын ичине мен да кирем, — акылдуу болгон![18] Ыйсанын окутуусунун тереңдигин сезген психиатр Ж. Т. Фишер мына буларга токтолот: Эгер эң залкар психологдор менен психиатрлардын эң мыкты деген макалаларын алып, бириктирип, кереги жокторун жакшылап кыскартып, саман-топондорунан ажыратып, анан ага дүйнөлүк эң таланттуу акындардын таптаза данектерин кошо турган болсоңуз, анда сиз Тоодогу насааттын толук эмес, начар кайталанмасына ээ болмоксуз. Эгер салыштыра турган болсок, ал нускадан алда канча төмөн болот. Эки миң жылдан бери машайакчылык дүйнө адамзаттын тагдырындагы эң бир татаал, эң бир чечилгис оор суроолорго толук жоопту колдорунда кармап турушат. Мына... оптимизмге, жетик акыл-эске, канааттанууга толгон адамдын ийгиликтүү жашоосунун планы.[19] Жөнөкөй адам үчүн Өзүн Кудай деп атоо — бул реалдуу дүйнөдөн качуу. К. С. Льюис минтип жазат: Тарыхый жактан машайакчылыктан башка Ыйсанын таасири жана айткан сөздөрүндөй жашоого эң сонун түшүнүк берген булакты табыш кыйын. Эгерде Ал чынында Кудай эмес болсо, анда бийликке карата укмуштуу умтулуусу болушу ыктымал эле, анда Анын теологиялык окутуусу менен Анын моралдык окутуусунун тереңдиги жана жетиктигинин ортосундагы карама-каршылыкты түшүндүрүү мүмкүн эмес болор эле. Ошондуктан машайакчылыкка каршы адамдык таң калуулардын пайда болуп жаткан гипотезалар токтобостон биринин ордун бири алмаштырып жатат.[20] Филип Шафф минтип талкуулайт: Асмандай ачык; тоонун абасындай тунук; кылычтай өткүр; толугу менен акыл-эстүү жана кудуреттүү; дайыма куралданган жана бардык нерседе Өзүн кармай билген интеллект өзүнүн мүнөз жана миссиясы боюнча ушундай радикалдуу жана олуттуу азгырылууга кабылышы мүмкүнбү? Мындайды элестетүү да кыйын![21] Ыйса Кудай болгонбу? Мен жеке өзүм Ыйса жалганчы же келесоо деген жыйынтыкка келмек эмесмин. Анда бир гана жол калат: Ал Өзү айткандай Машайак, Кудайдын Уулу болгон жана боло берет. Бирок, логикага жана далилдерге карабастан, көп адамдар мындай жыйынтыкка келишпейт. А сиз эмне деп ойлойсуз? Сиз кантип ойлойсуз, эмне үчүн психологдор Ыйсаны акылы жетиктин үлгүсү катары эсептешет? Эмне үчүн Ал жашоосуна канааттанган? Дэн Браун өзүнүн «Код да Винчи» китебинде минтип жазат: «Ыйсаны расмий түрдө Кудайдын Уулу деп кабыл алуу менен Константин Ыйсаны адамзат дүйнөсүнүн чегинен чыккан, табияты жана бийлиги талашсыз болгон Кудайга айландырды».[22] Жазуучу Браун элдердин буга ишенишин каалайт: Машайактын Кудайлыгы Никейдеги жыйналышта иштелип чыккан. Биздин заманда бул «далил» активдүү түрдө талкууланып жатканына карабастан, тарыхый документтерди изилдеп жаткан Библияны изилдөөчүлөрдүн 99,9 пайызы аны четке кагышат. Мына эмне себептен. Жаңы Осуят Ыйсанын Кудай экендиги жөнүндөгү ишенимдин эң байыркы күбөлүк сөздөрүн камтыйт (2-бөлүмдү караңыз). Бул документтер I кылымда, Ыйса жашаган учурда болгон окуялардан бир нече он жылдыктан кийин эле жазылгандыктан, алар Никейлик жыйналыштан эки жүз жылдай мурда болуп өткөн. Алардын баары ар кандай адамдар аркылуу ар түрдүү максат менен жазылса да, алар: Машайак — Кудай деген жалпы тема менен биригишет. Ыйсаны Никейлик жыйналыштан мурун эле Кудай катары эсептешкендигинин далилин Никейге чейинки жыйын аталарынан табууга болот. Алар жаңы осуяттык мезгилдер аяктагандан кийин (100-ж), бирок Никейлик жыйналышка чейин (325-ж.) жашаган, алгачкы машайакчылык ойчулдар болушкан. Алардын арасында Азаптуу Иустин, Антиохиялык Игнатий жана Ириней сыяктуу белгилүү инсандар болгон. Алардын баары шектенүүсүз Ыйсаны Кудай деп эсептешкен. Төмөн жакта алардын эмгектеринен алынган үзүндүлөр келтирилген: Антиохиялык Игнатий (110-ж. М.Т. Машайак төрөлгөн убактан тартып — Котор.эскерт ): «Денеде келген Кудай... адам келбетинде келген Кудайдын Өзү ».[23] Азаптуу Иустин (100 — 165 жж. М.Т.): «...Кудайдын Тунгуч Сөзү болуу менен, Ал — Кудай».[24] Ириней (177-ж. М.Т.): «...Ата — Кудай, Уул да Кудай; анткени Кудайдан төрөлгөндүн Өзү — Кудай».[25] Сардисстик Милитон (177-ж. М.Т.): «Ал адам болгон, бирок Ал — Кудай». Ыйсаны Кудай деп Никейлик жыйналышка чейин эсептегендигинин эң ынанымдуу далили машайакчы эмес авторлордун айткандары боло алышы мүмкүн. Грек сатириги Самосаттык Лукиан (170-ж. М.Т.), римдик философ Цельс (177-ж.) жана римдик губернатор Кич Плиний (112-ж.) ачык эле машайакчылар Ыйсаны Кудай деп эсептешкендерин күбөлөндүрүшөт. Плиний машайакчыларды Ыйсаны Кудай деп ишенгендери үчүн куугунтуктаган. Плиний мындай деп мойнуна алат: «Алар Машайакты Кудай катары эсептешип, кезек менен ыр ырдоо үчүн, үзгүлтүксүз түрдө белгилүү күндөрдө таң аткыча чогулушат».[26] Мен өзүм Ыйса жалганчы же келесоо деген жыйынтыкка келмек эмесмин. Анда бир гана жол калат: Ал Өзү айткандай Машайак, Кудайдын Уулу болгон жана боло берет. Бул далилдердин жана көптөгөн башка далилдердин негизинде «Ыйсаны башкача түшүнүү» китебинин авторлору мындай жыйынтык чыгарышат: «Константин кеңешти өзү мурун ишенбеген нерсеге ишенүүгө мажбурлап, анан өзү каалагандай аны башкарууга жөндөмдүү болгон же жок дегенде ошондой ниети болгон деп ойлоо — акылсыз көрүнүш».[27] Бул бөлүмдөгү жазылгандарды жүйүттөр же мусулмандар менен бирге талкууланганымда, алардын реакциясы аябай кызыктуу. Мен алар менен Ыйса Өзү жөнүндө эмне айткандары менен бөлүшөм, андан кийин аларга бул үч жоопту сунуш кылам (жалганчы, келесоо же Кудай). Мен алардан: — Ыйсаны жалганчы деп эсептейсиңерби деп сурайм. Алар: «Жок!» — деп кесе жооп беришет. Андан кийин: «Аны келесоо деп эсептейсиңерби?» — деп сураганымда, алар: «Албетте, жок», — деп чечкиндүү жооп беришет. «Ал Кудай экенине ишенесиңерби?» Мен дем алганга да үлгүрө электе эле, алардын: «Жок, эч качан!» — деген жоопторун угам. Бирок мындан башка жол жок да!.. Суроо бул варианттардын кайсынысы бизге ылайык дегенде эмес: албетте, анын ар бири болушу ыктымал. Алардын кайсынысы чындыкка көбүрөөк жакын? Сиз Инжилди такыбаалыктын улуу устаттары жана пайгамбарлардын эмгектеринин катарына коюп кое албайсыз. Мындай жол жок. Ыйса же жалганчы, же келесоо, же Теңир жана Кудай. Сиз тандашыңыз керек. Сиздин Ыйсаны Ким деген суроого сиздин берген жообуңуз катардагы эле интеллектуалдык көнүгүү болбошу керек. Элчи Жакан жазган: «Булар болсо Ыйсанын Кудайдын Уулу, Машайак экенине ишенишиңер үчүн жана ишенип, Анын ысымы аркылуу өмүргө ээ болушуңар үчүн жазылды» (Жкн. 20:31). А сиз эмне деп ойлойсуз? Сиз кантип ойлойсуз, эгер Ыйсанын Кудайлыгы тууралуу далилдер ушунча так болсо, эмне үчүн көп элдер аны четке кагышат? Баары ачык эле Ыйса Теңир экендигин күбөлөндүрөт. 4-бөлүм. Илим эмне дейт? Илимий далилдөөгө мүмкүн болгон нерсе гана — чындык деп эсептешкендиктен, көптөгөн адамдар Машайакка болгон жеке ишенимден баш тартууга аракет кылышат. Адам илимий жактан Ыйсанын Кудайлыгын же Анын тирилүүсүн далилдей албагандыктан, XXI кылымдын акылмандары Аны Куткаруучу катары кабыл алгысы келбейт. Философия жана тарых сабактарында мага көп учурда мындай суроолорду узатышат: «Сиз муну илимий түрдө далилдей аласызбы?» Мен көп учурда: «Жок, мен окумуштуу эмесмин», — деп айтам. Ошондо мен класстын мыскылдап күлгөнүн, кээ бирлеринин: «Анда бул жөнүндө айтуунун да кереги жок» же: «Деги каалаганыңыз эмне: Баарыбыздын бардык нерсени ишеним менен кабыл алышыбыз керек болуп турабы?...» — дегендерин угам (мында сокур ишеним тууралуу сөз болуп жатат). Бир жолу мен Бостонго учуп баратып, менин жанымда катарлаш отурган адамга эмне үчүн Ыйсага ишенгендигим тууралуу айтып бердим. Ушул учурда жүргүнчүлөр менен учурашып, өтүп бара жаткан учкучтардын бири биздин маекти угуп калды. Ал: «Силердин ишенимиңердин бир кемчилиги бар», — деди. «Кандай?» — деп сурадым мен. Ал: «Силер аны илимий жактан далилдей албайсыңар», — деп жооп берди. А сиз эмне деп ойлойсуз? Тарыхый фактылардан башка, биз илимий жактан далилдей албай турган, бирок анын чындык экенин билген башка нерселер барбы? Мисалы, кайсылар? Мени азыркы учурдун адамдарынын ой жүгүртүүсүнүн ырааттуу эместиги таң калтырат. Бул учкуч байыркы доордун өкүлдөрүнө окшош, алар: эгер кайсы-бир нерсени илимий жактан далилдей албаса, анда чындык эмес деп эсептешкен. Бирок биз чындык деп кабыл алган көп фактылар илимий ыкмалар менен далилденбейт. Биз кайсы-бир тарыхый инсан же окуяны илимий түрдө далилдей албайбыз, бирок бул деген далилдер жок дегенге жатпайт. Биз илимий далилдер менен тарыхый-юридикалык далилдөөнүн ортосундагы айырмачылыкты түшүнүшүбүз керек. Бул айырмачылыкты түшүндүрүүгө мага уруксат эткиле. Илимий түрдө далилдөө — ошол фактынын чындык экендигинен шектенген адамдын көз алдында болгон окуяны болгондой, так кайра кайтадан жасоо керектигине негизделген. Мунун баары такай байкоолорду жүргүзүп, текшерип, маалыматтарды каттап, гипотезаларды тажрыйбага негиздеп, ырастап турууга мүмкүн болгон шарттарда жүргүзүлөт. Көптөгөн адамдар: эгер бир нерсени илимий жактан далилдебесе, анда бул чындык эмес деп эсептешет. «Илимий далилдөөнүн ыкмаларынын өзү окуяны же тажрыйбаны изилдөө менен, же бир нече жолу кайталап жүргүзүү менен байланыштуу»[28]. Атагы алыска кеткен Гарварддын мурдагы президенти, доктор Джеймс Б.Коунэнт минтип жазат: Илим — бул тажрыйбалардын жана байкоолордун жардамы менен иштелип чыккан, андан соң кийинки тажрыйбага жана байкоого жетелей турган түшүнүктөрдүн жана ой-пикирлердин тутуму. [29] Башкара ала турган байкоонун жардамы менен ырастоонун чындыгын текшерүү — азыркы учурдагы илимий ыкмалардын негизги жолдорунун бири. Мисалы, кимдир-бирөө: “самын сууга чөгүп кетет”, — деп айтат. А мен чөкпөй турганын далилдеш үчүн, шектенген адамды ашканага алып кирем, тепшиге 20 см деңгээлде 28^0 жылуулуктагы сууну куям, анан ага самынды салам. Булк! Биз байкоо жүргүздүк, маалыматты текшеребиз, тажрыйбага таянып, менин ырастоомду тактайбыз: самын сууга чөкпөй, калкып калды. Эгер илимий ыкма фактыларды далилдей турган жалгыз жол боло турган болсо, анда сиз кечээ кечинде телевизор көргөнүңүздү же бүгүн түшкү тамак ичкениңизди далилдей алмак эмессиз. Сиз бул окуяны текшерүүчү чөйрөдө кайталай албайсыз. Бул жерде сөз тарыхый-юридикалык далилдер жөнүндө болуп жатат, бул далилдер кандайдыр-бир фактынын чынында болгонуна шектенүүгө себеп жок экенин көрсөтүшөт. Эгер илимий ыкма фактыларды далилдей турган жалгыз жол боло турган болсо, анда сиз бүгүн түшкү тамак ичкениңизди далилдей алмак эмессиз. Сиз бул окуяны текшерүүчү чөйрөдө кайталай албайсыз. Башкача сөз менен айтканда, биз күбөлөндүрүүлөрдү таразалайбыз жана кабыл алынган чечимибизден шектенүүгө себебибиз жок. Тарыхый-юридикалык далилдер күбөлөндүрүүнүн үч түрүнө негизделет: оозеки, жазуу жана кыйыр далилдер (мисалы, тапанча, ок же дептер). Ушундай жол менен сиз бүгүн түштөнгөнүңүздү талаш-тартышсыз далилдей аласыз. Сизди досторуңуз көрдү, официант эстеп калды, сизде чек сакталып калды. А сиз эмне деп ойлойсуз? Кандайдыр-бир нерсени «далилдөө» үчүн илимий ыкманы колдонууда кандай артыкчылык бар? Анын алсыз жактары кайсылар? Тарыхый-юридикалык ыкманын артыкчылыгы кандай? Сиз бул ыкмалардын бирин экинчисинен жогору коесузбу? Илимий ыкма кайталана турган көрүнүштөрдү далилдөө үчүн гана колдонулушу мүмкүн. Ал эми тарыхый инсандын болгондугун же тарыхый болгон окуяны далилдөө үчүн бул ыкма жарабайт. Илимий ыкма сизге төмөнкү суроолорго жооп берүүдө жардам бере албайт: Жорж Вашингтон чындап эле жашаганбы? Мартин Лютер Кинг атуулдук укук үчүн күрөшкөнбү? Назареттик Ыйса Ким болгон? Барри Бонд баскетболдо рекорд койгонбу? Ыйса Машайак өлгөндөн тирилгенби? Бул суроолор илимий ыкманын таасиринин сыртында калат, биз алардын чындап болгондугун тарыхый жактан далилдешибиз керек. Башкача айтканда, байкоолорго, маалымат топтоого, гипотезаларга, дедукцияга жана эксперименталдык далилдөөлөргө негизделген илимий ыкма төмөнкүдөй суроолорго аягына чейин жооп бере албайт: тирилүүнү далилдегенге болобу? Илим динге карама-каршыбы? Илим Кудайдын бар экендигин четке кага алабы? Кийинки бөлүмдө менин уулум Шон “жаңы атеисттердин” Кудайдын бар экенин илим четке кага алат деген көз караштары жөнүндө айтып берет. 5-бөлүм. Жаңы атеизмдин маселеси Мен (ШОН) кичи ашканада ванилдүү сүт коктейлин ичип отурганда, адамдын кыжырын кайната турган аталышы бар китепти окуп отурган жаш аялды көрүп калдым. Сары түстүү мукабада күмүштөй тамгалар менен: «Кудай улук эмес: дин бардыгын ууландырууда», — деп жазылыптыр, автору Кристофер Хитченс. Одоно аталышын көрүп, кызыгуу менен мен ал аялдан китеп эмне жөнүндө экендигин суроону чечтим. Ал кубаныч менен мага дин дүйнөлүк тарыхтагы эң улуу жамандык болгондугу, илим ишенимдин акылсыздык экендигин толугу менен далилдегендиги жана адамдар Кудайсыз эле жакшы боло ала тургандыгы жөнүндө узун лекцияны окуп берди. Бул аялдын айткандары туурабы? Мүмкүн дин чындыгында адамга тоскоол болуп жаткандыр? Илим Кудайдын бар экендигин четке кактыбы? Эгер баары атеист болуп калса, дүйнө мыкты болуп кетеби? Албетте атеизм жаңы нерсе эмес. Машайак келгенге чейин 1000 жыл мурун эле Дөөт падыша өз жүрөгүндө: «Кудай жок», — (Заб. 13:1) деген адамды сүрөттөп жазган. Кудайдын бар экендигин четке каккандар дайыма болуп келген жана дайыма боло берет. Атеисттер көп учурда өздөрүнүн ойлорун жарыялап келишкен, бирок алардын коомдук ойго болгон таасири биздин убакытка чейин төмөн болуп келген. Жакында коомдук сахналарда таланттуу, энтузиазимге толгон жана күрөшүүчү атеисттердин тобу пайда болду. Алардын таасири атеизмдин тарыхында мурун болуп көрбөгөндөй болуп калды. Бир жылдай убакытта бул темадагы чоң эмес үч китеп бестселлер болуп калды. Чабуулду Сэм Харрис өзүнүн «Машайакчы элге кат» (2006) деген китеби менен баштады, анын артынан Ричард Даукинстин «Кудайдын иллюзиясы» (2006) китеби, аягында Кристофер Хитченстин «Кудай улук эмес» (2007) китеби чыкты. Бул үч китеп тең жакшы сатылып жатат, жумалап эмес, айлар бою бестселлер китептеринин тизмегинде биринчи катарларды ээлешүүдө. Мисалы, «Кудай улук эмес» китеби басылып чыгаар замат «Нью-Йорк Таймстын» тизмегинде бир айдан кийин эле биринчи орундагы бестселлер болуп калган. Анын жарык көргөн убакытынан тартып жети жума бою 300 000 жакын экземпляр таралган. А сиз эмне деп ойлойсуз? Сиз кантип ойлойсуз, эмне үчүн жаңы атеисттер акыркы убакта ушунча көп жолдоочуларга ээ болушту? Мындай аталган жаңы атеисттердин таасири пресса дүйнөсүнө гана таралган жок. Алар макалаларды жазышты, студенттердин алдына чыгып сүйлөштү, талкуулоолорго катышышты, радио жана телеберүүлөргө интервью беришти, “YouTube”га сан жеткис видеолорду жайгаштырышты. Алар көптөгөн изденип жаткандарды адаштырышты жана көп ишенүүчлөрдүн ишенимин талкалашты. Жакын арада өткөрүлгөн коомдук ойлорду сураштырууда, америкалыктардын көбү өздөрүн атеист жана агностик деп эсептей тургандыгын көрсөттү. Жаңы атеисттердин тапшырмасы жөнөкөй: ишенимдин акылэстүү негизин бузуу жана теисттерди андан баш тартууга ынандыруу. Алар жаңы бирдемени табыштыбы? Алар Кудай жок деп жаңы далил табыштыбы? Жаңы атеизмди эмне жаңы кылып жатат? Жаңы көрүнүштөгү эски ыр Белгилүү британиялык журналист Малькольм Маггеридж бир жолу минтип айткан: “бардык жаңылыктар — бул болгону эски нерсенин жаңы адамдардын башынан кечирүүсү”. Бир нерсе жаңыга окшоп көрүнүшү мүмкүн, бирок бул анын чынында эле жаңы болгондугун билдирбейт. Жаңы атеизмде машайакчылыктын негизин кыймылдата турган илимдин, философиянын жана тарыхтын тармактарында эч кандай жаңы ачылыштар жок. Жаңы атеисттердин айткандарынын көпчүлүк бөлүгү Фридрих Ницше, Зигмунд Фрейд, Карл Маркс, Бертран Расселл сыяктуу эски атеисттердин айткандары менен байланышкан. Бирок кээ бир нерседе жаңы атеисттер өзгөчөлөнүп турушат. Көптөгөн эски атеисттер Кудайдын өлүмүнө кошок кошушкан. Жаңы атеисттер, тескерисинче, Кудайдын өлүмүнө кубанышат. Биринчиден, жаңы атеизм арзанга түшөт. Мурунку атеисттер Кудайдан баш тартуунун жыйынтыгы кандай болоорун эң сонун түшүнүшкөн. Алар Кудайсыз биз муздак, караңгы жана маанисиз ааламга ээ боло турганыбызды түшүнүшкөн. Мурдагы атеисттердин көбү Кудай өлдү деп, кошок кошушкан, анткени алар мунун батыш маданиятынын негизин буза тургандыгын түшүнүшкөн. Экзистенциалист Альбер Камю Кудайдын жок болушу өмүрдү жашай тургандай кыла турган бардык нерседен, жашоонун маңызынан жана кубанычынан айрылта тургандыгын моюнга алган. Жаңы атеисттер, тескерисинче, Кудайдын өлгөнүнө кубанышат. Алар жөн гана динден баш тартуу менен нормалдуу түрдө (андан да мыкты) өмүр сүрүүнү улантууга болот деп ойлошот. Жоржтаун университетинин профессору Жон От, мындай «жумшак» атеизм өзүнө олуттуу эмес мамилени туудурат деп, мындай деген: Азыркы учурдагы «жумшак» атеисттер биз дарвинизмдин артынан ээрчүү менен, батыш маданиятынын, анын ичинде акылга ылайык жана адеп-ахлак тууралуу түшүнүктөрүбүздүн толугу менен талкаланышын байкабастан, Кудайдан Аяз Атадан баш тарткан сыяктуу, жөн гана баш тартып кое алабыз деп ой жорушат. Эски атеисттер өз атеизмибизде чынында эле чынчыл боло турган болсок, батыш маданиятындагы Кудайдын айланасында болгон бардык маңыздардын жана баалуулуктардын тармагы аны уюштурган борбору менен бирге жок боло тургандыгын жок дегенде түшүнүшкөн.[30] Экинчиден, мурунку атеизмдин түрлөрүнөн айырмаланып, жаңы атеизм диний ишенимге чыдамсыз келет. Анын өкүлдөрү дин адам тарабынан ойлоп табылган жана ал баарын ууландырууда, башкача айтканда толугу менен жок кылынышы керек деп эсептешет. Сэм Харрис өзүнүн «Машайакчы элге катында» минтип айтат: «[диний укуктарды] сыйлоо биздин бардык диндерден келип чыккан экстремисттерге кан берүүбүздү талап кылат».[31] Харрис либералдык жана орточо ишенүүчү адамдар самолет менен имараттарды сүзбөй тургандыгын мойнуна алат, бирок мына ошолордун чыдамдуулугу ушуга окшогон экстремизмди колдойт деп эсептейт. Албетте, аны түп тамыры менен жок кылыш керек. Эгер жаңы атеисттер өздөрү каалаганына жете турган болсо, абийирдин эркиндиги өткөн жашоонун эски калдыгы болуп калмак. Үчүнчүдөн, жаңы атеисттер абдан ачуулануу менен машайакчылыкка чабуул кылышат. Алар ошондой эле буддизмди, исламды, мормонизмди жана башка диндерди да сындашат, бирок алардын негизги бутасы — Библиядагы Кудай. Ричард Даукинс: «Эгер мен атайын өзгөчөлөбөсөм, анда мен мурдагыдай эле машайакчылык жөнүндө айтып жатам», — деп мойнуна алат.[32] Эгер сиз жаңы атеисттердин китебин окуй турган болсоңуз, Сулайман падышанын: «Атаандашы келип, изилдегиче, биринчи келгендин кеби жүйөөлүүдөй туюлат» (Нак.сөз. 18:17), — деген сөздөрүн эстен чыгарбоо маанилүү. Болбосо, сиз бир жакты гана уга турган болсоңуз, далил сизге ынандырарлыктай көрүнүшү мүмкүн. Бирок, башка тарапты уга турган болсо, көбүнчө тигилер жеңилүүгө учурашат. Жаңы атеисттер башка тарапты укканга чейин ынандыра тургандай сүйлөшөт. Мына башка тараптын ойлору. Атеизмди динден акылдуураак деп эсептөөгө болобу? Жаңы атеисттер атеизм акылга негизделгенине бекем ишенишет. Хитченстин айтканына ылайык дин «бир гана ишенимге» негизделген, а атеизм ишенимди талап кылбайт, анткени баарынан мурун тажрыйбага негизделген илимий далилдерге пайдубалын курган.[33] Эйнштейн бир жолу муну байкаган: дүйнөдөгү эң акыл жеткис нерсе — бул аны түшүнүүгө мүмкүн болгондугу. Биз илимий маалыматтарга атеизмби же теизмби, кайсынысы — жакшыраак туура келе тургандыгы жөнүндө дагы сүйлөшөбүз, бирок эң алгач биз эң маанилүү: жаратылыш дүйнөсү эмне үчүн маңыздуу деген суроого жооп беришибиз керек. Эйнштейн бир жолу мындай нерсени байкаган: дүйнөдөгү эң акыл жеткис нерсе — бул аны түшүнүүгө мүмкүн болгондугу. Эйнштейн илимдеги башкы нерсени, а тагыраак айтканда, анын жаратылыш дүйнөсү жөнүндөгү кайсы-бир философиялык божомолдоолорго негизделгенин түшүнгөн. Бул божомолдоолор биз өз акылыбыз менен түшүнүүгө мүмкүн болгон, жана ырааттуу реалдуу сырткы дүйнөнүн болгондугун камтыйт. Илим бул шартсыз жашай албайт. Бирок бул жерде атеист үчүн өзгөчө татаал дилемма келип чыгат: эгерде акыл-эс Дарвиндин сокур жана материалдык эволюциясынын процессинде өнүккөн болсо, деги эмне үчүн биз ага ишенишибиз керек? Эмне үчүн биз кокустуктун негизинде пайда болгон адамдын мээси чындыгында реалдуулукту кабыл алып жатканына ишенүүбүз керек? Илим бул суроого жооп бере албайт, себеби ал өзү ушул божомолдоого негизделген. Эгер Дарвиндин эволюциясы чындык болсо, анда биз өзүбүздүн когнитивдик жөндөмдүүлүгүбүзгө ишенбешибиз керек, анткени алар — башкарылгыс, иррационалдык процесстин жыйынтыгы. Чарльз Дарвин өзү да бул көйгөйдү мойнуна алган: «Дайыма шумдуктуудай шектенүүлөр келип чыгат: төмөнкү катардагы жаныбарлардын акылынан өнүгүп чыккан адамдын акылы чыгарган жыйынтыктары ишеничтүүбү, баалуулукка ээби? Эгер маймылдын көз караштары бар боло турган болсо, анын ынандырууларына бирөө жарым ишенеби?»[34] Жаңы атеисттер өз акылынын жөндөмдүүлүгүнө абдан катуу ишенет, бирок алардын атеисттик көз карашы мындай ишенимдин негизинин түбүн казат. Чындыгында, эгер Дарвиндин эволюциясы чындык болсо, анда биз өзүбүздүн когнитивдик жөндөмдүүлүгүбүзгө ишенбешибиз керек, анткени алар — башкарылгыс, иррационалдык процесстин жыйынтыгы. Доктур Пол Дэвис, Темплтон сыйлыгынын ээси мындай деген: «Илим төмөнкүдөй божомолдоого негизделген: аалам акыл жетерлик чекте жана өзүнүн бар болуусунун бардык деңгээлинде логикалуу. Атеисттер [жаратылыштын] мыйзамдары акылсыз жана аалам маанисиз деп ынандыргысы келет. Окумуштуу болгон мага муну кабыл алуу кыйын. Ааламдын логикалык жана тартиптүү мүнөзүнө дал келген өзгөрүлгүс акыл-эстүү негиз болушу керек».[35] Атеизм мындай негизди бере албайт. Тескерисинче, ал аны жок кылат. Теизм болсо мындай негизди бере алат. Жөн гана ааламдын акыл-эстүүлүгү теизмге дал келет дегендик эмес. Бул жерде өтө терең байланыш. Ааламдын акыл-эстүүлүгү Кудайдын бар экендигин сунуштайт. Илим динге каршыбы? Илим дин менен жүздөгөн жылдар бою согушуп келет. Кандай болсо да, жаңы атеисттер бизге ушинтип айтышат. Көпчүлүк адамдар дин илимдин өнүгүшүнө тоскоолдук кылат деп ишенишет, бирок бул болбогон жомок.[36] Чындыгын айтканда, так ушул машайакчылык көз караш — ааламдын тартиптүүлүгүнө басым жасоосу менен, адамдык акыл-эске көңүл буруусу менен, жана биз Кудайдын жараткандарын түшүнгөнүбүздө Ал даңктала тургандыгы жөнүндө окутуусу менен — азыркы илимий революцияга пайдубал салды. Байыркы кездеги көп окумуштуулар өздөрү машайакчылык көз карашка ээ болгондуктары үчүн жаратылышты изилдөөгө мажбур болушкан. А сиз эмне деп ойлойсуз? Эгер Кудай бар болсо, эмне үчүн аалам акыл-эстүү болуш керек? Атеизм кантип бул акылга ылайык нерсенин негизин бүлдүрөт? «Илим жана азыркы дүйнө» деген эмгегинде британдык математик жана философ Альфред Норт Уайтхед мындай жыйынтыкка келген: азыркы кездеги илим баарынан мурун «орто кылымдагы Кудайдын акыл-эстүүлүгүнө болгон ишенимдин» негизинде өнүккөн.[37] Азыркы кездеги илим жок жерден пайда болуп калган жок, анын өнүгүшүнө белгилүү деңгээлде машайакчылык түрткү берди. Көптөгөн биринчи окумуштуулар, анын ичинде так илимдердин пионерлери болгон Фрэнсис Бэкондун (1561–1626), Иоганн Кеплердин (1571–1630), Блез Паскалдын (1623–1662), Роберт Бойлдун (1627–1691), Исаак Ньютондун (1642–1727) жана Луи Пастердин (1822–1895) теисттер болгондугу таң калычтуу эмес. Алардын көпчүлүгү үчүн Кудайга болгон ишеним жаратылыш дүйнөсүн изилдөөгө түрткөн негизги себеп болгон. Бэкон жаратылыш дүйнөсү толтура жашыруун сырга толгон, аны изилдөөнү Кудай бизден күтүп жатат деп эсептеген. Кеплер өзүнүн илим менен машыгуусунун себебин мындай деп сүрөттөгөн: «Сырткы дүйнөнү изилдөөлөрдүн баарынын негизги тапшырмасы — бул Кудай салган жана бизге математиканын тилинде жеткиргенге мүмкүн болгон акыл-эстүү тартиптүүлүктүн жана гармониянын ачылышы».[38] Хитченс бул пионерлердин убагындагы акыл-эс үчүн башка мүмкүнчүлүк жок эле деген сөздү айтуу менен, алардын диний ынандырууларын маанилүү деп эсептебейт.[39] Бирок бул Хитченсти кулак түрө турган абалга алып келет. Эгер ишенүүчүлөрдү, ал мезгилде «баары ишенүүчү болгон» деп, коомдун өнүгүшүнө (мисалы, азыркы учурдагы илимдин калыптанышына) кошкон жакшы салымы үчүн мактай албасак, анда аларды кантип Кудайдын атынан жасаган катаалдыгы үчүн деп күнөөлөгөнгө болсун? Бул ачык эле көрүнгөн адилетсиздик. Жаңы атеисттер ишенүүчүлөрдүн кадыр-баркын кабыл алгылары келбейт, бирок алардын бардык каталарын кабыл алышат. «Дин баарын ууландырып жатат» дегенди далилдөө үчүн Хитченс тескери жагын далилдей турган нерселерге көңүл бурбайт. Муну бардыгын түшүнүп туруп эле, атайын кылат. Атеизм динге караганда бир кыйла илимий болуп саналабы? Жаңы атеисттердин толук ишеними жалгыз негизги фактыдан турат: алар илим алардын тарабында деп эсептешет. Сэм Харрис минтип айтат: «Библиядагы Кудайга болгон ишеним дүйнөнү түшүнүүдөгү биздин өнүгүп жаткан илимий түшүнүктөрүбүзгө төп келбейт».[40] Хитченстин айтканына ылайык, илим канчалык өнүккөн сайын, Кудайга ошончолук аз орун калат.[41] Бирок чындап эле ушундайбы? Жаңы атеисттер бизге Кудайды биздин илимий таанып билүүбүздүн чегинен чыккан нерсе катары ынандырууга далалат кылып жаткан учурда, акыркы жылдардагы илимий ачылыштар бул көз карашты четке кагып жатат.[42] Чындап эле, акыркы жарым кылымда эң таасирдүү атеисттердин бири болгон Энтони Флю жакында эле ушул себептин негизинде Кудайга болгон өзүнүн оюн өзгөрттү. Мүмкүн, дагы көптөгөн башка белгилүү атеисттер бардыр, бирок Флюнун таасирине тең эч ким жок болчу. Ал Оксфорддогу Сократтык клубда «Кудай сөзүнүн окутуусу жана фальсификация» деген өзүнүн белгилүү лекциясын окуган, бул учурда клубда төрөга К. С. Льюис эле. Жыйынтыгында анын айткан сөзү акыркы жарым кылымдагы эң кеңири таралган белгилүү философиялык макала болуп калды. Өзүнүн көп сандаган китептеринде жана лекцияларында ал азыркы учурдагы атеизмдин темасын талкуулайт. А сиз эмне деп ойлойсуз? Сиз кантип ойлойсуз, илим Кудайдын бар экендигин четке кагабы, далилдейби же нейтралдуубу? Сиздин оюңуз эмнеге негизделген? Капысынан, 2004-жылы Флю күтпөгөн жерден таң калтыра турган: Кудай болушу керек деген сөздү айтат. Азыр Флю дүйнөнүн бар болушунун эң мыкты түшүндүрмөсү — бул кандайдыр-бир кудайлык күчтүн болушу деп эсептейт. Эмне үчүн ал оюн өзгөрттү? «Бул суроого болгон кыскача жооп, — деп жазат Флю, — бул азыркы учурдагы илимий изилдөөлөрдүн негизинде топтолгон, мен элестеткен дүйнөнүн сүрөтү».[43] Жаңы атеисттер илим алар тарапта деп айтышат, бирок далилдөөлөр тескерисин көрсөтүп жатат. Келгиле, илим түшүндүрө албаган, бирок Кудайдын бар экендигин далилдеген эки актуалдык илимий табышмакты карап көрөлү. Жер бетиндеги жашоонун келип чыгышынын сыры Бүгүнкү күндө эң табышмактуу илимий маселелердин бири — бул жер бетиндеги жашоонун келип чыгышы. Илимий коомчулук бир жүрөктөн бул табышмакты чечилгис деп аташат. Гарварддан болгон химик Джордж Уайтсайдс бир жолу жашоонун пайда болушу жөнүндөгү суроо — дагы да чечиле элек болгон улуу илимий маселелердин бири экендигин белгилеген.[44] Ал тургай Сэм Харрис да жер бетиндеги жашоонун келип чыгышы табышмак бойдон калып жаткандыгын мойнуна алат.[45] А сиз эмне деп ойлойсуз? Сиз жашоо кокусунан эле пайда болуп калганына ишенесизби? Жашоонун пайда болушунда Кудайдан башка кандай акыл-эстүү түшүндүрмө болушу мүмкүн, сиз кантип ойлойсуз? Жашоонун пайда болушу менен байланышкан маселе — бул, чындыгында, маалымат менен байланыштуу маселе. 1953-жылы ДНКнын структурасын табуу менен окумуштуулар биринчи жолу тирүү жандыктын организми жана өнүгүшү генетикалык маалымат менен башкарыла тургандыгын түшүнүшкөн. Мына ошол себептен Нобель сыйлыгынын лауреаты Дэвид Балтимор көп учурда өз сөзүндө азыркы биологияны «маалыматтар жөнүндөгү илим» деп айтат. Тирүү организмде канча маалымат бар? Ричард Даукинстин айтканына ылайык, кипкичине болгон амебанын клеткасынын ядросунда Британдык энциклопедиянын бардык томдоруна караганда көбүрөөк маалымат бар.[46] Ал эми адамдын ДНКсында анын көлөмү андан бетер көп. Бирок ДНК — бул жөн гана маалыматтар сакталган казына эмес. Ал башка клеткалык системалар менен бирге маалыматтарды компьютер сыяктуу иштеп чыгарат. Ошондуктан Билл Гейтс ДНКны компьютердик программа менен салыштырат, бирок ал адамдар тарабынан ойлоп чыгарылган кандай гана программа болбосун, баарынан жеткилеңирээк.[47] Атеисттер чын көңүлдөрү менен жер жүзүндөгү жашоонун кантип келип чыккандыгы аларга белгисиз экендигин моюнга алышат. Даукинс анын келип чыгышы абдан күмөндүү дегенге макул болот, бирок кийинчерээк таң калыштуу жыйынтыкка келет: бул кубандыра турган кокустук. Иш оңунан чыкты — мына ушундай болду.[48] Кантип эле ушул эң акылдуу түшүндүрмө болсун? Башкарылгыс, иррационалдык, материалдык процесстин негизинде маалымат пайда болушу мүмкүнбү? «Биз жер бетинде байкаган, “максатка багытталган, өзүнө окшогонду чыгара турган” мындай жашоонун келип чыгышын түшүндү-рүүдө канааттандыра турган жалгыз түшүндүрмө — бул чексиз Жогорку Акылдын бар болушу». Энтони Флю, мурдагы белгилүү атеист ДНКнын маалымат алып жүрүшү — мурдагы атеист Энтони Флю Кудай жөнүндөгү өзүнүн оюн өзгөртүүсүндөгү негизги себептердин бири. Ал мындай жыйынтыкка келген: «Биз жер бетинде байкаган, “максатка багытталган, өзүнө окшогонду чыгара турган” мындай жашоонун келип чыгышын түшүндүрүүдө канааттандыра турган жалгыз түшүндүрмө — бул чексиз Жогорку Акылдын бар болушу».[49] Эгер биз космостон татаалдыгы боюнча Британдык энциклопедиядан ашып өткөн кат ала турган болсок, шексиз түрдө бул биз үчүн жердик акылдан сырткары болгон акылдын бар экендигинин далили болмок. Британдык энциклопедияга караганда өлчөй алгыс көп маалыматтары бар адамдык ДНКнын абдан акыл-эстүү түшүндүрмөсү — бул Кудайлык Акыл. Ааламдын түзүлүшү Элестетип көрүңүз, сиз тоого чыгып, ээн калган үйгө жолуктуңуз. Сиз ага киргенде таң калыштуу нерсени байкайсыз. Муздаткычта толтура сиздин сүйгөн тамактарыңыз бар, ал жерде сизге жаккан температура, сиздин сүйгөн музыкаңыз ойноп жатат, үстөлдүн үстүндө сиздин сүйгөн китептериңиз, журналдарыңыз жана дисктериңиз жайылып турат. Сиз эмне деп ойлойсуз? Сиз бул кокустук деп шектенбестен, сиздин келишиңизди ал жерде кимдир-бирөө атайын күтүп жатканын билесиз. Акыркы он жылдын ичинде окумуштуулар ушуга окшогон абалдар ааламдын бардык жеринде болуп жаткандыгын түшүнө башташты. Аалам атайын биз үчүн ойлонуштурулган бейм? «Биз ааламды изилдеп баштаган кезде андагы канчалаган физикалык жана астрономиялык кокустуктар биз үчүн жакшылыкка болуп жаткандыгын түшүнөбүз, — дейт физик Фримен Дж. Дайсон, — аалам кандайдыр-бир деңгээлде биздин пайда болушубузду күтүп тургандай сезилет».[50] Мына ошондуктан, британдык астроном Фред Хойл мындай деп байкаган: «Эгер туура ой жүгүртүүнүн көз карашынын негизинде фактыларды талкуулай турган болсок, анда физика да, химия жана биология сыяктуу эле жогорку акыл-эстин мыйзамы боюнча уюштурулган жана жаратылышта эч кандай сокур күч жок».[51] Физиктер жашоо устаранын мизиндей тең салмактуу экендиги менен макул болушат. Келгиле, бир-эки мисал карап көрөлү. Биринчиден, эгер гравитациялык мыйзамдар кичине эле башкача иштей турган болсо, ааламда жашоо болмок эмес. Тартылуу күчү жаратылыштагы башка күчтөргө төмөнкүдөй катышта болушу керек 1/10^40 (б.а. 1/10 000 000 000 000 000 000 000 000 000 000 000 000 000).[52] Экинчиден, кембриждик физик Стивен Хокинг төмөнкүнү байкаган: «эгер материянын таралышынын ылдамдыгы чоң жарылуудан кийинки бир секунддан кийин бирди жүз миң миллиондун миллионуна бөлгөндөн да аз боло турган болсо, аалам азыркы учурдагы өлчөмүнө жетпей эле, эбак талкаланмак».[53] Аалам адамдар үчүн гана жаратылгандыгы көрсөтүлөт. Он тогуздан кем эмес ааламдагы туруктуулуктар бар, алардын баары аныктуу мүнөздөмөгө ээ болушу керек эле.[54] Мындай абалда биздин жашоо мүмкүнчүлүгүбүздүн болушу өлчөй алгыс аз боло тургандыгы түшүнүктүү. Оксфорддук физик Роджер Пенроуз мындай жыйынтыкка келген: эгер аябай так боло турган жаратылыштын бардык мыйзамдарын топтой турган болсок, анда биз аларды жазып түгөтө алмак эмеспиз, анткени ааламдагы элементардык бөлүкчөлөрдүн санына караганда, белгилердин саны өтө көп болуп калмак деген жыйынтыкка келген.[55] Aаламдын жаратылышы атайын алдын-ала ой менен болгондугунун далилдери ушунчалык ишеничтүү болгондуктан, Аризон мамлекеттик университетинин белгилүү физиги Пол Дэвис биздин ааламдагы адамдардын табиятына биологиялык жактан жаратылыш да ылайыкталып, атайын түзүлгөн деп, ынандырарлык түрдө айтат. «“Жашоо бычактын мизинде” деген сөз жетиштүү түрдө так айтылган эмес, ааламда ушундай ичке мизи бар бычак жок».[56] Ааламды түшүндүрүүдөгү эч бир илимий түшүндүрмө анын түзүлүшүндөгү мындай керемет нерсени эске алмайынча толук болбойт, — деп айтат Дэвис. Кээ бирлер ааламдын жаралуусунда муну көңүлгө алышпайт, бирок бизде анын келип чыгышынын тажрыйбалык далили жок. Эмне үчүн аалам ушундай идеалдуу жаралгандыгынын эң акылдуу жана логикалык түшүндүрмөсү мындай: аны ушундай кылып Жаратуучу—Кудай жараткан. Атеизм динге караганда бир кыйла адеп-ахлактуу болушу мүмкүнбү? Жаңы атеисттер диндин зыяндуулугу жөнүндө талкуулашат жана библиядагы Кудайдын мүнөзүн ырайымсыздык менен сынга алышат. Алар адеп-ахлактуулук Кудайсыз деле болушу мүмкүн деп катуу үн менен жар салышат. Даукинстин айтканына ылайык: «биз жакшы же жаман болушубуз үчүн Кудайдын кереги жок».[57] Жаңы атеисттер энтузиазм менен динди жаман деп соттошот, илимди болсо жакшы деп жогору көтөрүшөт. Бирок мына ушул жерде татаал дилемма пайда болот: эгер Кудай жок болсо, анда моралдык милдеттемелер кайдан алынат? Эгер Даукинс айткандай «жаратылыштык, физикалык дүйнөдөн башка эч нерсе жок» болсо[58], анда «жамандык» деген эмне? Моралдык баалуулуктарда бийиктиги, туурасы жана салмагы деген физикалык сапаттар жок, анда кантип биз алар реалдуу деп айта алабыз? А сиз эмне деп ойлойсуз? Орус жазуучусу Федор Достоевский мындай деген: эгер Кудай жок болсо, анда баарын кылганга болот. Сиз кантип ойлойсуз, ал эмнени айткысы келген? Кудайсыз моралдык баалуулуктар болушу мүмкүнбү? Атеизмдин маселеси мында: жакшылыктын кандайдыр-бир эсептеп билүүгө мүмкүн болбогон моралдык стандартына ээ болбой туруп, жамандык деген эмне экендигин аныктоо кыйынга турат. Салт боюнча жамандык жакшылыктын карама-каршысы катары түшүндүрүлгөн. Ийрейгендикти же кыйшыйгандыкты аныктоо үчүн түздүктүн стандарты керек сыяктуу эле, жамандыкты аныктоо үчүн жакшылыктын стандарты керек. К. С. Льюис, таякты ийри деп атоо үчүн сизде түз деген түшүнүк бар болгондо гана мааниге ээ болот деп, атагы чыккан сөздү айткан. Мына ошол сыяктуу, жакшылык жок боло турган болсо, жамандык да боло албайт. Бирок, эгер Кудай жок болсо (жаңы атеисттер далидегенге аракет кылгандай), анда жакшылык деген эмне? Бул дүйнөдөн өтүп кеткен атеист Дж. Л. Мэкки да эгер кудуреттүү Кудай жок болсо, анда моралдын болушу мүмкүн эмес деп моюнга алган. Моралдык баалуулуктардын бар болушу — Кудайга ишенүүгө болгон орчундуу себеп. Төмөнкүдөй жөнөкөй нерсе тууралуу ойлонуп көрүңүз: 1. Эгер моралдык баалуулуктар бар боло турган болсо, Кудай бар болушу керек. 2. Моралдык баалуулуктар бар 3. Демек, Кудай бар. Биз моралдык баалуулуктар бар экендигин билебиз. Мисалы, өзүңдүн көңүлүңдү ачуу үчүн баланы кыйноо — бул жаман деп бизди ынандырууга аракет кылуунун кереги жок. Бардык акылдуу адамдар муну билишет. Демек, моралдык баалуулуктар бар болсо, Кудай дагы бар болушу керек. Жакшылыктын кандайдыр-бир эсептеп билүүгө мүмкүн болгон моралдык стандартына ээ болбой туруп, жамандык деген эмне экендигин аныктоо кыйынга турат. Кристофер Хитченс өзүнүн эл алдында болгон дебаттарында өз оппоненттерин атеист колунан келбей турган жок дегенде бир моралдык иштин мисалын айтып берүүсүн суранат. Албетте, андай иш жок. Көпчүлүк атеисттер боорукер, кайрымдуу жана эмгекчил. Бирок Хитченс бир кыйла маанилүү учурду көңүлгө албайт: атезизм моралдык жоопкерчиликтин сезимдерин кантип ойготот? Эгер Кудай жок болсо, жакшылык жана жамандык эмнеге негизделген? Атеизм бул жөнүндө бизге эч нерсе айтпайт. Ошентип, Кудайга каршы эң көп таралган каршылыктардын бири Ага ишенүү үчүн болгон эң орчундуу себептердин бирине айланды. Машайакчылык каргыш болуп саналабы? Мурда атеисттер дин — бул жалган деп эсептешчү. Жаңы атеисттер ал жалган гана эмес, ал жамандыктын өзү деп эсептешет. Сэм Харрис дин «мурдагы жана азыркы учурдагы адамдардын ортосундагы уруш-талаштардын негизги булагы» деп атайт.[59] Жаңы атеисттер Галилеядагы куугунтуктарды, айкаш жыгач көтөргөн жүрүштөрдүн шумдуктарын, инквизицияны, мурда болуп өтүп кеткен Салемдеги сотторду, ошондой эле азыркы дүйнөдөгү католиктик ыйык кызмат кылуучулардын жаш балдарды сексуалдык жактан кордогондорун мисал келтирүү менен, көп жолу машайакчылыктын катаалдыктары жөнүндө айтышкан. Адамдар ушундай шумдук нерселерди Машайактын ысымынан жасагандарына шек жок. Бирок эмне үчүн биз кандайдыр-бир адамдардын Машайактын окутуусуна каршы иш жасагандары үчүн машайакчылыкты күнөөлөшүбүз керек? Эмне, Ыйса жезкемпирдин отко күйгүзгөнүнө макул болду беле? Ыйса Өзүнүн жолдоочуларын жалган окутуудагыларды кыйноого чакырды беле? Албетте, жок. Чынында, Ыйса булардын тескерисинчесин окуткан. Ал бизге өз душмандарыбызды сүйүүгө (Мф. 5:44), коом четке кагып койгон адамдарга жардам берүүгө (Мф. 8:3), башкалар үчүн өмүрдү берүүгө (Жкн.15:13) буйрук берген. Эгер адамдар чындап эле Ыйсага окшоп жашай турган болсо, кордук эбак эле артта калмак. А сиз эмне деп ойлойсуз? Эгер адамдар Ыйсанын окутуусу менен жашай турган болушса, дүйнө кандай болмок? Адамдар Машайактын окутуусуна каршы иш жасагандары үчүн машайакчылыкты күнөөлөш керекпи? Динеш Д’Суза «Машайакчылыкты эмне ушундай улуу кылат» деген китебинде жаңы атеисттер диндин атынан жасалган кылмыштарды аябай ашырып айта тургандарын, атеизмдин атынан жасалып жаткан өтө олуттуу кылмыштар жөнүндө унутуп калышкандарын далилдейт. Мисалы Сэм Харрис Салемдеги болгон соттордо жүз миң адам өлгөндүгүн далилдейт. Чынында канча адам курман болгон? Жүздөгөнбү? Миңдегенби? Он миңдегенби? Чынында алардын саны жыйырма беш миңден азыраак болгон.[60] Бирок бул атеисттер үчүн маанилүүбү? Эске сактай турган нерсе: сөз атеисттер өз алдынча жакшы адамдар боло алабы дегендикте эмес. Албетте, боло алышат (жана мындайлар көп). Сөз эгер атеизмди үстөм кыла турган философия катары кабыл ала турган болсо, ал жакшыбы же жаманбы дегенде. Эгер мунун үстүнөн ойлоно турган болсок, анда ачык көрүнөт: атеизмден бөлөк эч кандай башка дүйнөлүк көз караш ушунчалык көп бактысыздыкты жана кан төгүүнү туудурган жок. Өз алдынча карай турган болсок, XX кылымда коммунисттик Кытай, коммунисттик СССР жана улутчул Германия деген атеисттик режимде көптөгөн адамдар, жүз миллиондон ашуун адам курман болгон.[61] Муну менен эч нерсени салыштырганга болбойт. Дэвид Берлински, Принстон университетинде философия илиминин доктору деген наамды алган дүйнөлүк жүйүт, бул катаалдыктардын негизги себептеринин бири акыркы жоопкерчиликтин жок болушу деп эсептейт: «Гитлер да, Сталин да, Мао да, СС да, гестапо да... Кудай алардын жасап жаткандарын карап турат дегенге ишенишкен эмес».[62] Албетте, машайакчылар дагы жаман иштерди жасашкан, бирок машайакчылыктын жалпы мурасы оң. Албетте, машайакчылар дагы жаман иштерди жасашкан, бирок машайакчылыктын жалпы мурасы оң. Машайакчылар алгачкы ооруканаларды курушкан, Кызыл Айкаш жыгач коомун түзүшкөн, кулчулукту жоюшкан, университеттерди түзүшкөн жана азыркы илимдин пионерлери болуп калышкан. Адамзатка боштондук алып келген кыймылдардын тарыхын кароо менен, биз дайыма алардын башатын Инжилден таба алабыз. Тыянактар Акыркы тыянакты чыгаруу менен, биз тапкан жаңы атеисттердеги жаңы нерсе — бул алардын позициясы. Тилдеринен чаң чыкканы менен, алар илимде, тарыхта же философияда жаңы эч нерсени, жалпы алганда теизмди, өзүнчө алганда машайакчылыкты четке кага ала тургандай эч нерсени ачышкан жок. Чынында, абал булардын тескерисин көрсөтүп турат. Клетканын түзүлүшүн канчалык көңүл коюп изилдеген сайын, ошончолук ааламдын сырларына терең кирип баратабыз, Кудайдын ойлорун ошончолук ачыгыраак көрүп жатабыз. 3000 жылдай мурун забурчу мындай деген: «Асман Кудайдын даңкын жар салып жатат, аалам Анын колдору жасаган иштерди кабарлап жатат. Күн күнгө сүйлөп, түн түнгө билим берет» (Заб.18:2–3). Забурда ачык айтылгандай, Кудайды Анын жараткандарын изилдөө менен тааный аласың. Бирок, бул китепте айтылгандай, Ал Өзүн жөн эле уста болбогон, Ыйса Машайактын Инсандыгы аркылуу бир кыйла конкретттү түрдө көрсөттү. Биз булардын баарын сокур сымал эле эмес, бирок ынандырарлык далилдердин негизинде кабыл алабыз. Биз Ыйса — Кудайдын Уулу дегенди далилдей алабызбы? Муну жасаш үчүн, тарыхый-юридикалык ыкманы колдонушубуз керек. Биздин негизги сурообуз мындай: биз Инжилдин күбөлүктөрүнө жана далилдерине ишене алабызбы? Машайакчылык ишенимде мен үчүн бул сокур жана түркөй ишеним эместиги, а туура акылдуу түшүнүктөргө негизделген ишеним экендиги өзгөчө жагымдуу. Машайакчылык ишенимде мен үчүн (Жош үчүн) бул сокур жана түркөй ишеним эместиги, туура акылдуу түшүнүктөргө негизделген ишеним экендиги өзгөчө жагымдуу. Библия бизге ишенип калган адам жөнүндө айткан ар бир учур — бул акыл-эс менен кабыл алган ишеним. Ыйса айткан: «Ошондо чындыкты билип каласыңар...» (Жкн.8:32), түшүнбөстүктө жүрө бербейсиңер. Андан: «Устат! Мыйзамдагы эң маанилүү осуят кайсы?» — деп сураганда, Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Кудай-Теңириңди чын жүрөгүң менен, жан-дилиң менен, бүт акылың менен сүй» (Мт. 22:36–37; курсив меники — Ж. М.). Көп адамдардын көйгөйү — алар Кудайды жүрөгү менен гана сүйүшөт. Машайак жөнүндөгү чындык эч качан алардын аң-сезимине жетпейт. Бизге жүрөк Аны сүйүш үчүн, эрк Аны тандаш үчүн берилгендей, бизге акыл да берилген, ал эми Ыйык Рух бизге Кудайды таанууга жардам берет. Биздин Кудай менен болгон мамилебиз толук болушу үчүн жана Аны даңктай алышыбыз үчүн, бардык үч тармагыбыз катышуусу керек. А сиз эмне деп ойлойсуз? Акыл-эс менен кабыл алган ишеним сиз үчүн жаңыбы? Эгер ишеним — «сокур же түркөй эмес, бирок акыл-эстүү түшүнүккө негиздел-ген болсо», сиз ага кандай аныктама бермексиз? Сиз кандай карайсыз мен билбейм, бирок менин жүрөгүм акылым четке каккан нерсеге кубана албайт. Менин жүрөгүм жана акылым биримдикте чогуу иштегендей кылып жаратылган. Эч качан эч кимди Машайакка Теңир жана Куткаруучу катары ишенүү үчүн интеллектуалдык жактан өзүн өлтүрүүгө чакырышкан эмес. Кийинки төрт бөлүмдө бизде бар болгон жазуу түрүндөгү документтердин ишенимдүүлүгүн, ошондой эле Ыйса жөнүндө көргөндөрдүн оозеки күбөлүктөрүн жана айтып берүүлөрүн карайбыз. 6-бөлүм. Ыйык Китепте айтылгандар чындыкпы? Инжил — Ыйса жөнүндөгү маалыматтардын алгачкы тарыхый булагы. Ошондуктан акыркы эки кылымда көптөгөн сынчылар библиялык документтердин ишенимдүүлүгү жөнүндө талашып-тартышышат. Алар дайыма Библияда жазылгандар тарыхый жактан негиздүү эмес, археологиялык ачылыштар жана изилдөөлөр анын ишенимдүү эместигин далилдешти деп жарыялашат. Мен (Жош) Аризондогу мамлекеттик университетте лекция окуганымда, лекциядан кийин адабият боюнча бир профессор мага жакын келип, мындай деди: — Мистер Макдауэлл, сиз өзүңүздүн Машайак жөнүндө айткандарыңыздын баарын эбак эле эскирип калган II кылымдын документтерине негиздеп жатасыз. Бүгүн мен өзүмдүн сабагымда Инжил Машайак жашап өткөндөн кийин бир нече жылдан кийин жазылгандыгын түшүндүргөн элем, ошондуктан ал так жана ишеничтүү боло албайт. Мен ага айттым: — Мырза, мен сиздин көз карашыңызды жана аны кандай эмгектерге негиздеп жатканыңызды түшүнөм. Бирок, чындыгында, жакын арада эле табылган документтер Инжилдин Машайактан кийинки эле муундун жашаган кезинде жазылгандыгын ачык эле көрсөтөт. Бул профессор өзүнүн оюн немец сынчысы Фердинанд Кристиан Баурддун эмгегине негиздеген. Ф. К. Баурд Инжилдин көп бөлүгү Ыйсанын жашоосу менен бул окуялардын жазылган убактысынын ортосундагы узакка созулган убакытта калыптанган миф менен уламыштын негизинде, араң II кылымдын аягында жазылган деп ырастайт. Бирок XX кылымдагы археологиялык ачылыштар Инжилдин кол жазмаларынын так экендигин далилдеди. Байыркы папирустар (Жон Райландстын кол жазмасы, б.з.130 ж.; Честер Биттинин папирусу, б.з.155 ж.; Бодмера II нин папирусу, б.з. 200 ж.) Машайактын мезгили менен сакталып калган бир кыйла кеч манускрипттердин ортосундагы убакыттын ордун толтурушкан. XX кылымдын археологиялык ачылыштары Инжилдин кол жазмаларынын так экендигин далилдеди. Йелдик университетте Кудай сөзүн окутуу боюнча көп жыл бою сабак берген Миллар Барроуз мындай дейт: Грек тилиндеги Инжилдин тексттерин жаңы табылган папирустардын тили менен салыштыруу Инжилдин тексттери бизге өзгөрүүсүз жеткендиги жөнүндөгү ишенимди бекемдейт.[63] Мындай табылгалар окумуштуулардын Библияга болгон ишенимин бекемдеди. Дүйнөлүк белгилүү библиялык археолог Уильям Ф. Олбрайт минтип жазат: Биз толук ишеним менен минтип жарыялап айта алабыз: Инжилдин кайсы-бир китеби б.з. 80-жылдарынан кийин жазылган деп айтууга, же болбосо б.з. 130–150-жылдары жазылган деген Инжилдин эң радикалдуу сынчыларынын айткандарына макул болушубузга эч кандай негиз жок.[64] Ал муну «Бүгүнкү күндөгү машайакчылык» журналына берген өз интервьюсунда дагы бир жолу бекемдеп айтат: Мен Инжилдин бардык китептери б.з. I кылымынын кыркынчы жана сексенинчи жылдар аралыгында (50-жана 70-жылдардын аралыгы болушу да ыктымал) чөмүлдүрүлгөн жүйүттөр тарабынан жазылган деп эсептейм.[65] Уильям Рэмси мырза жер бетинде жашаган улуу археологдордун бири, ал Элчилердин иштери китеби б.з. I кылымда эмес, а II кылымдын орто ченинде жазылган деп окуткан немецтик тарыхый мектепке таандык болгон. Элчилердин иштери китебинин азыркы учурдагы сындоолору менен таанышкандан кийин, Рэмси ал китепте ошол убакыттын (б.з.50-ж.) окуялары чындыкта чагылдырылышы мүмкүн эмес деп чечим чыгарган, б.а. ал тарыхчынын көңүлүн өзүнө бурдура албайт. Ошондуктан Кичи Азиянын тарыхын изилдеп окуп жатып, Рэмси Инжилге эч кандай көңүл бурган эмес. Бирок убакыт өткөн сайын жүргүзгөн изилдөөлөр аны Лука жазган Элчилердин иштери китебине кайрылууга мажбур кылган. Археолог Луканын майда-чүйдөсүнө чейинки тактыкта тарыхый окуяларды жазганын көргөн жана анын Элчилердин иштери китебине болгон мамилеси акырындап өзгөрө баштаган. Ал төмөнкүдөй жыйынтыкка келгенге мажбур болгон: Лука — жогорку деңгээлдеги тарыхчы... Бул авторду улуу тарыхчылардын катарына киргизүү керек.[66] Бул китептин майда-чүйдөсүнө чейин так жазылгандыгынын айынан Рэмси аягында Элчилердин иштери II кылымга эмес, I кылымдын ортосуна таандык документ дегенге макул болгон. Көптөгөн либералдык окумуштуулар Инжилдин жазылган датасы бир кыйла эрте жазылган дегенге макул болууга аргасыз болушууда. Бул дүйнөдөн көзү өтүп кеткен англикандык епископ Джон А. Т. Робинсон өзүнүн «Инжилдин даталарын кайра карап чыгуу» деген китебинде абдан курч тыянактарды чыгарат. Ал изилдөөлөрдү жүргүзүү учурунда Инжил бүт бойдон б.з. 70-жылдары Иерусалим кыйраганга чейин жазылган деген жыйынтыкка келет.[67] А сиз эмне деп ойлойсуз? Библия менен байланышкан кандайдыр-бир археологиялык ачылыштар сиздин көңүлүңүздү өзүнө бурдубу? Эмне үчүн мындай ачылыштар дайыма бүт дүйнөнү тынчсыздандырат? Биздин күндөрдө Ыйык Жазуунун артында турган байыркы адабий формаларды жана ооздон-оозго өткөн сөздөрдү анализдеген сынчылар бул материалдар Инжилдин формасында жазылганга чейин ооздон-оозго көчүп жүргөн деп эсептешет. Бул сынчылар Инжилдин жазылганга чейинки убактысы алардын мурда ойлогонундай эмес, аз экендигине макул болушса да, баары бир Инжилдеги сүрөттөөлөр фольклордук формада (уламыш, жомок, миф, аңгеме) жазылган деп эсептешет. Оозеки түрдө айтылган деген теорияга каршы болгон аргументтердин бири инжилдик окуялар менен алардын жазылган убактысы, сынчылар айткандай, фактылар бурмаланып кете тургандай өтө эле узун убакытка созулган эмес. Бул убакыттын кыскалыгын айтуу менен Реформатордук Кудай сөзүн окутуу боюнча семинариянын Инжил боюнча профессору Симон Кистмэйкер минтип жазат: Көбүнчө төмөнкү маданиятка ээ болгон өкүлдөрдүн арасындагы фольклордун жыйналышы үчүн көп муун өтүшү талап кылынат; ал көп кылымга созулган, акырындык менен жүрө турган процесс. Бирок, эгер сынчыларга ишене турган болсок, инжилдик окуялар бир эле муундун жашаган учурунда түзүлүп жана жыйналган деп чыгып жатат. Эгер маселеге алардын көз карашы менен карай турган болсок, анда инжилдик айрым элементтер убакыттын кыскартылышынан улам, тездетилген процесске айланган.[68] Дублин университетинде дин илимдери боюнча көп жылдар бою профессор болгон А. Х. Макнил сынчылардын оозеки өнүгүү тууралуу ойлорун четке кагат. Ал сынчылардын Ыйсанын сөздөрүн жетиштүү түрдө көңүл бурбай окугандыгын көрсөтөт. Жүйүттөрдүн маданиятында устаттын сөзү кылдаттык менен сакталып жана өткөрүлүп берилиши маанилүү деп эсептелген. Мисалы, 1 Кор. 7:10,12,25, кылдаттык менен сакталган, байыркы замандан калган сөз бар экендиги көрүнүп турат. Көбүнчө жүйүт-шакирттер раввиндердин окутуусун эске тутуп калышкан. Жакшы окуучу «бир да тамчы төгүлбөй турган мөөр басылган идишке» окшош болушу керек болгон (Мишна, Авот, ii, 8). Эгер Ыйык Жазманы изилдеген англикандык изилдөөчү Ч. Ф. Бернинин «Биздин Теңирдин поэзиясы» деген эмгегинде жазылган теориясы боюнча, Теңирдин окутууларынын көп бөлүгү арамей тилинде, оңой эске тутуп кала турган поэтикалык формада болгон.[69] Мындай маданиятта ушундай кыска убакытта реалдуу фактыга туура келбеген уламыштын пайда болушу мүмкүн эмес. Жүйүттөрдүн маданиятында устаттын сөзү кылдаттык менен сакталып жана өткөрүлүп берилиши маанилүү деп эсептелген. Башка окумуштуулар да муну менен макул болушат. Батыш Мичиган университетинин байыркы тарых боюнча профессору Пол Л. Мэйер минтип жазат: «Машайакчылык өзүнүн пасахтык мифтерин узак убакыттын аралыгында жараткан же бул булактар окуя болуп өткөндөн кийин көптөгөн жылдардан соң жазылган деген ырастоолор келтирилген фактылар менен коошпойт».[70] Олбрайт минтип жазат: «Тарыхый ыкманы жана келечекти кабыл албаган азыркы учурдагы окумуштуулар гана сынчылардын Инжилдин тегерегин курчап алган ушундай ой толгоолорун айтышы ыктымал». Белгилүүүү археолог мындай жыйынтыкка келет: «Ыйсанын айткандарынын маңызын жана конкреттүү сөздөрүн кандайдыр-бир деңгээлде өзгөртүп жиберүү үчүн жыйырма, ал тургай элүү жыл да өтө элө кичинекей мөөнөт».[71] US News & World Report үчүн диний макалалардын автору Джеффри Л. Шелер минтип жазат: «Ыйык Китеп болгон Библия жана анын булактары бекем тарыхый негизде турат».[72] Төрт Жакшы Кабарбы же жыйырмабы? Дүйнөлүк белгилүү «Код да Винчи» триллеринде Дэн Браун төмөнкүнү кайраттуулук менен жарыялайт: “Инжилди түзүүдө сексенден ашык Жакшы Кабар каралган, анан алардын ичинен бир нечеси гана — Матайдан, Марктан, Лукадан, Жакандан болгон Жакшы Кабар тандалган”.[73] 1990-жылдары Ыйса Семинариясы алгачкы машайакчылардын убагынан бери сакталып келген жыйырма жакшы кабардын биринчи басылып чыгышы деп, “Жакшы кабарлардын толук жыйнагы” деген китепти жарыкка чыгарышты. Алардын ичинен эң белгилүүлөрү — Томастын, Жүйүттүн, Петирдин жана Мариянын жакшы кабарлары. Муну менен бул жакшы кабарларда көрсөтүлгөн Ыйсага болгон башкача көз караш жыйындардын үрүп-адат, салт-санааларында убакыт аркылуу сыналып текшерилген, ошончолук ишеничтүү чындык дегендик айтылат. Төрт Жакшы Кабар — Ыйсанын өмүрү жана кызматы жөнүндө маалыматтарды камтыган жалгыз булак эмес деп ырастоого болобу? Жакын арада табылган жакшы кабарлар биздин машайакчылыкка болгон көз карашыбызды өзгөртөбү? Бул нерселер канчалык өзгөчө жана драмалык көрүнбөсүн, аларды тарыхый анализдин жардамы менен өтө жөнөкөй түрдө эле четке кагып койсо болот. Тарыхчы Филипп Дженкинс өзүнүн «Жашыруун жакшы кабар» деген китебинде мындай деген тыянакка келет: «Ар кандай канондук эмес жакшы кабарлар канондукка караганда байыртадан келе жаткан машайакчылыкка баалуу эмес күбөлүк болуп саналат деген түшүнүк терең катачылык».[74] Бул жакшы кабарларга каршы болгон олуттуу каршылык — алардын жазылышынын датасы кеч болгондугу. Ошол убакта төрт Жакшы кабар фактылар боюнча караганда I кылымда жазылган, калган жакшы кабарлардын баары 120 жыл менен 250 жылдын аралыгында, б.а. Машайактан кийинки үч муундан кийин жазылган. Бул тексттер төрт традициялык Жакшы кабарлардан бир канча убакыт кийин жазылгандыктан, тарыхый Ыйса тууралуу жаңы бирдеменин жазылышы күмөн. Ошентип, Инжил боюнча профессор Крэйг Ивенс жыйынтык чыгарат: «канондук эмес жакшы кабарларды колдонуу жөнүндөгү илимий маалыматтар, ачыгын айтканда, оңтойсуздандырат... Биз бул канондук эмес жакшы кабарлар алгачкы ишеничтүү нерселерди камтыбай турганын байкадык».[75] А сиз эмне деп ойлойсуз? Сиз тарыхый Ыйса жөнүндө Ыйык Китептен сырткары болгон маалыматтарды мисал келтирилген китептерге, макалаларга, документалдуу фильмдерге ишенесизби? Сиз Ыйса жөнүндөгү тарыхый маалыматтарды башка белгилүү адамдардын тарыхый маалыматтары менен кантип салыштырат элеңиз? Көп учурда машайакчы эмес адамдар мага биз Библияда жазылгандарга ишене албайбыз дешет. Алар: «Мени уксаңыз, бул эки миң жыл мурун жазылган. Анда толгон-токой каталар жана карама-каршылыктар кездешет, — деп айтышат. Мен аларга: «Ыйык Жазууга толугу менен ишенсе болот» — деген жоопту узатам. Андан кийин тарых сабагындагы лекция убагында болгон окуяны сүрөттөп берем. Мен байыркы классикалык адабияттын кайсы гана он чыгармасын албайлы, аларга караганда Инжилдин аныктыгын ырастаган далилдер алда канча көп экендигин айта баштадым. Бурчта отурган профессор жылмаюу менен мындай деди: «Кана-кана, улантыңыз, сиз бул айтылгандарды чындап эле кабыл албайсыз да!» Мен андан эмнеге күлүп жатканын сурадым. Ал: «Тарых сабагында Инжилдин аныктыгы тууралуу айтып жатканыңызга ишене албай турам! Бул жөн эле күлкү келтирерлик нерсе!» — деп жооп берди. Кандайдыр-бир акыл-эстүү негизде дискуссияны улантууну каалап, мен ага мындай суроо узаттым: «Мага айтыңызчы, мырза, сиз адабий же тарыхый чыгарманы канчалык деңгээлде так жана анык экендигин далилдөө үчүн кандай чендерди колдоносуз?». Анын мындай критерийлери жок экендиги ачык болуп чыкканда, мен аябай таң калдым. Бирок мен өзүм бул суроого ынандырарлык жооп бере алат элем. «Менде мындай ченем чектери бар», — дедим мен. Мен ага Ыйык Жазуунун тарыхый ырастыгын ар кандай тарыхый документтерди текшерүүдө колдонулган критерий менен текшерүү керектигине толук ишене турганымды айттым. Согуш тарыхчысы Чонси Сэндерс тарых таануу илиминин негизги үч принцибин сүрөттөп жана түшүндүрүп берген: библиографиялык принцип, ички далилдердин жана сырткы далилдердин принциптери.[76] Келгиле, ар бирин карап көрөлү. Библиографиялык принцип Библиографиялык принцип — бул бизге келип жеткен байыркы документтердин тексттерин изилдөө. Башка сөз менен айтканда, бизде болгон кол жазманын түп нускасы жок болгондуктан, биз төмөнкү суроолорду беришибиз керек: колубуздагы көчүрмө канчалык деңгээлде туура? Канча кол жазма сакталып калган? Алар бири-бирине канчалык деңгээлде дал келет? Түп нуска менен сакталып калган көчүрмөнүн ортосун канча убакыт бөлүп турат? Бизде болгон тексттин материалын туура экендиги далилденген чыгармалар менен салыштырып, Инжилдин кол жазмаларынын чындык экендигин баалоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз. «Классикалык адабияттын бир да изилдөөчүсү Геродоттун же Фукидиддин чыгармаларынын байыркы сакталып калган кол жазмалары түп нускадан 1300 жылга бөлүп турганы менен, анын ырас экендигине каршы болгон бир да каршылыкты уккулары келбейт». Ф.Ф. Брюс Б.з. 900-жылдардын датасы менен белгиленген Фукидиддин тарыхынын (460–400 жж. б.з.ч.), сегиз гана кол жазмасы бизге чейин жеткен. Башкача айтканда, ал тарыхын жазгандан кийин бир миң үч жүз жыл өткөндөн кийинки кол жазмалар. Геродоттун тарыхынын кол жазмалары да кийинки мезгил менен белгиленет, ошондой эле алардын да саны аз. Бирок, Манчестер университетиндеги библиялык сындоо жана экзегетика боюнча профессору Ф. Ф. Брюс айткандай: Классикалык адабияттын бир да изилдөөчүсү Геродоттун же Фукидиддин чыгармаларынын байыркы сакталып калган кол жазмалары түп нускадан 1300 жылга бөлүп турганы менен, анын ырас экендигине каршы болгон бир да каршылыкты уккулары келбейт.[77] Аристотелдин «Поэтикасы» болжолдуу түрдө б.з.ч. 343-жылдары жазылган, бирок анын эң байыркы көчүрмөсүндө б.з. 1100-жылдын датасы турат (бир миң төрт жүз жыл өткөндөн кийин), бар болгону бизге чейин кырк тогуз көчүрмөсү жеткен. Цезарь өзүнүн Галл согуштарынын тарыхын б.з.ч. 58-жана 50-жылдарынын аралыгында жазган. Бизге ал өлгөндөн кийин миң жылдан кийин жазылган тогуз же он көчүрмөсү жеткен. Брюс Метцгер, Инжилдин кол жазмаларынын ырастыгына арналган элүүгө жакын китептердин автору жана редактору I кылымдын дагы башка мисалдарын келтирет: «Рим империясынын анналдарын» б.з. 116-жылдары жазган рим тарыхчысы Тацит жөнүндө ойлонуп көргүлө. Анын биринчи алты китеби бүгүнкү күндө б.з. 850-ж. дата коюлган бир жалгыз кол жазмасы катары бар. Он бирден он алтынчыга чейинкиси XI кылымдагы башка кол жазмада сакталган. Тацит өз маалыматтарын топтоп, аны жазган убакыт менен жалгыз сакталган көчүрмөлөрдүн түзүлгөн убактысындагы аралык абдан узак болгондуктан, жетиден онго чейинки китептери жок болуп кеткен. Ошондой эле I кылымдын тарыхчысы Иосиф Флавийди эске алып көрөлү: бизде анын грек тилиндеги «Жүйүттөрдүн согуштары» деген эмгегинин тогуз кол жазмасы бар, бул көчүрмөлөр X, XI, XII кылымдарда жазылган. Дагы IV кылымдагы латын котормосу жана XI же XII кылымга таандык болгон орто кылымдагы орусча материалдар бар. «Инжилдин материалдарынын саны эле, — деп мойнуна алат Метцгер, — байыркыдан келген башка эмгектер менен салыштырганда таң калтырарлык».[78] 1977-ж. мен бул китептин биринчи чыгарылышынын үстүнөн эмгектенип жаткан кезде, Библиянын грекче жазылган төрт миң алты жүз кол жазмасын окуй алдым. Бул сакталган байыркы китептердин кайсынысы гана болбосун, баарынан көп болгон көчүрмө. Андан бери дагы көптөгөн грекче кол жазмалар табылды, азыр алардын саны беш миң алты жүз. Далластагы диний семинариянын Инжил боюнча профессору, дүйнө жүзү боюнча Инжилдин грекче тексттери жана кол жазмалары боюнча атайын адиси Дэниэл Уэллес мындай деп тастыктайт: Синайда 1975-жылы, Ыйык Георгийдин мунарасынан жашыруун бөлмөнү тапкан учурда 200дөн ашуун библиялык кол жазмалар (алардын ичинен 90 Инжилден кол жазма) табылган. Алардын кээ бирлери жетиштүү түрдө эски. Алар [жаңыдан табылган кол жазмалар] Инжилдин тексттери салыштырмалуу түрдө так берилгендигин далилдейт жана Кудай алардын бурмаланып кетишинен сактоого жөндөмдүү. Бул кол жазмалардан башка ящиктерге салынып, мөөрлөнгөн 50 000 фрагмент табылган. Бул фрагменттерди изилдөө менен окумуштуулар дагы 30 өзүнчө Инжилдин кол жазмаларын табышты жана алардын саны мындан да көп болсо керек деп ишенип жатышат.[79] Сөз Инжилдин кол жазмаларынын тууралыгы жөнүндө болгондо, материалдардын саны башка классикалык тексттерден айырмаланып, жөн эле эс тандырарлык. Байыркы папирустардын табылышы Машайак жашагандагы убакыт менен II кылымдын ортосундагы аралыкты толтургандан кийин, дагы башка көптөгөн кол жазмалар табылган. 2009-жылы Инжилдин жыйырма миң көчүрмөсү белгилүү болгон. Инжилден кийинки экинчи орунду ээлеген «Илиада» сакталган кол жазмалары боюнча 643ү менен гана мактана алат. А сиз эмне деп ойлойсуз? Ушунча байыркы болгон Библияга ишенүүгө болобу, сиз кантип эсептейсиз? Чындык деп ишенген башка байыркы тексттер сизде барбы? Жүйүт окумуштуусу Якоб Клаузнер мындай дейт: «Эгер бизде бар болгон Жакшы кабардын булактарына окшош, Искендер Зулкайнардын же Цезардын тарыхтарынын байыркы булактары болсо, биз аларга кыпындай да шектенмек эмеспиз».[80] 2009-жылы Инжилдин жыйырма миң көчүрмөсү белгилүү болгон. Инжилден кийинки экинчи орунду ээлеген «Илиада» сакталган кол жазмалары боюнча 643ү менен гана мактана алат. Британия музейинин мурдагы директору жана башкы китепканачысы болгон Фредерик Кеньон мырзага байыркы кол жазмалар боюнча эч ким тең келе албайт. Ал мындай деп корутундулайт: Түп нуска менен көчүрмөнүн ортосундагы убакыт ушунчалык кыска болгондуктан, ага көңүл бурбай койсо деле болот. Мындан ары Ыйык Жазуу бизге кандай жазылган болсо, ошол бойдон келди дегенге күмөн саноонун да кажети жок. Инжилдин китептеринин аныктыгы жана бүтүндүгү биротоло такталды деп эсептесек болот. [81] Башка окумуштуулар аны менен макул болушат. Англикандык епископ жана Инжилдин тарыхчысы Стивен Нил: «Инжилдин тексттери мыкты сакталган жана башка кандай гана байыркы эмгек болбосун, баарына караганда анык, туура», — деп айтат.[82] Англиянын Кембридж университетинин мурдагы башкы изилдөөчүсү, азыр Денвер семинариясынын Инжил боюнча профессору Крэйг Бломберг мындай деп түшүндүрөт: Инжилдин тексттери «башка байыркы документтерге караганда эң көп санда жана мыкты абалда сакталган». Бломберг: «Инжилдин 97–99 пайызын эч кандай негизи жок күмөн саноосуз калыбына келтирүүгө болот», — деп жыйынтык чыгарат.[83] Инжилдин грек тили боюнча адиси Дж. Гарольд Гринли мына буларды кошумчалайт: Окумуштуулар байыркы авторлордун эмгектерин, алардын эң байыркы сакталган кол жазмалары түп нускасы жазылгандан кийин көптөгөн убакыт өткөн соң жазылганына карабастан жана сакталган көчүрмөлөрдүн саны өтө көп болбосо да, аларды толугу менен алганда анык деп эсептешип жатса, Инжилдин тексттеринин аныктыгына күмөн саноого такыр болбойт.[84] Инжилге библиографиялык принципти колдонуу менен биз анын байыркыдан калган бардык адабияттарга караганда, бир кыйла анык экендигин түшүнөбүз. А эгер Инжилдин тексттери дагы 130 жылдан ашык убакыт интенсивдүү сындоочу изилдөөлөрдү жүргүзүүгө кабылганын эске ала турган болсок, анда биз Инжилдин түпкү текстине ээ экенибизди коркпой эле айта берсек болот. Туура келбестиктер эмне болот? 2005-жылы сынчы Барт Эрман өзүнүн «Ыйсанын сөздөрүнүн бурмаланышы» деген бестселлерин басып чыгаруу менен, ачык эле талашып баштады. Ал мындай деп жарыялады: библиялык кол жазмаларда каталар ушунчалык көп болгондуктан, түп нусканын тексттерин калыбына келтирүү мүмкүн эмес. Анын ою боюнча, кээ бир каталар кокусунан болсо, башкалары атайын жасалган. Кандай гана болбосун, биз бүгүнкү күндө билген Инжилди чындык деп эсептөөгө болбойт. Эрмандын негизги тыянагы боюнча Инжилдин ичиндеги дал келбестиктер 300 000 ден 400 000 чейин деп эсептелет. Ар бир кол жазманын жубу бир нерсеси менен бири-биринен айырмаланат. Эгер биз азыркы күндө ээ болгон Инжилдин грек тилиндегисинде болжол менен 138 000 сөз бар десек, анда бул сөзгө караганда дал келбестиктер эки же үч эсе көп деген ой бизди тынчсыздандырышы керек. Бирок, ар кандай туура келбестиктердин мындай көп саны — бизге чейин Инжилдин көп сандаган кол жазмалары келип жеткендигинин себебинен экендигин түшүнүү керек. Байыркы башка эмгектердин кол жазмалары мындай санда сакталган эмес. Канчалык кол жазма көп болгон сайын, ошончолук варианттар көп болот; кол жазмалар канчалык аз болгон сайын, ошого ылайык, варианттар да ошончолук аз. Бирок мунун баары жөнөкөй нерсе эмес. Эгер ар кандай туура келбестиктерди майда-чүйдөсүнө чейин карай турган болсок, таптакыр башка сүрөттү көрүүгө болот. Карама-каршылыктардын эң көбү сөздөрдүн жазылышына байланыштуу. Мисалы, Жакандын атында бир же эки «н» жазылышы мүмкүн. Мунун тексттин маанисине эч кандай таасирин тийгизбей тургандыгы түшүнүктүү. Сөздөрдүн ар кандай жазылышы бардык карама-каршылыктардын болжолдуу 75 пайызын түзөт. Башкача айтканда бул 225 000 – 300 000 вариант! Түрдүү карама-каршылыктардын дагы башка чоң категориясы — бул синонимдер. Мисалы, бир кол жазмада Ыйса атынан айтылса, башкасында — «Теңир» же «Ал» деп жазылышы мүмкүн. Мындай дал келбестиктер тексттин маанисинен шектенбесе болот экенин көрсөтөт.[85] Эгер бардык түрдүү карама-каршылыктарды изилдей турган болсок, анда болжол менен бир гана пайыз тексттин маанисине байланыштуу. Бирок муну аша чабуу деп айтса болот. Мисалы, 1 Жкн 1:4 тү «муну силерге биздин кубанычыбыз толук болуш үчүн жазып жатабыз» же «муну силерге силердин кубанычыңар толук болуш үчүн жазып жатабыз» деп которуу керек деген талаш бар. Бул карама-каршылык үзүндүнүн маанисине тийиштүү болсо да, ал машайакчылык ишенимдин негизги окутуусун эч кандай өзгөртпөйт. Мына ошондуктан «Ыйсанын сөздөрүнүн бурмаланышынын» авторлору мындай жыйынтыкка келишет: «Эгер бул карама-каршылык Кудай сөзүнүн чындыктарына тийиштүүбү деген суроого кыскача жооп берүү керек болсо, анда биздин жообубуз: “жок” болот».[86] Бул бөлүмдөн биз көргөндөй, толугу менен Инжилге ишене алабыз. Ички далилдер Библиографиялык принцип бизге келип жеткен текст түп нускага дал келе тургандыгын көрсөтөт. Бирок, биздин алдыбызда канчалык деңгээлге чейин түп нускага ишенүү керектигин аныктоо керек. Бул ички сындоонун милдети — Чонси Сэндерстин материалдын анык так экендигин текшерүүдөгү экинчи принциби болуп саналат. Апологет Джон У. Монтгомери: тарыхтын жана адабияттын изилдөөчүлөрү Аристотелдин “шектенүү сынчынын ойлоруна эмес, документтин өзүндө айтылган нерсеге негизделиш керек” деген абдан адилеттүү принцибинин артынан баратканын биздин эсибизге салат. Ал минтип улантат: Бул деген биздин документте айтылган нерселер боюнча анализ жүргүзүшүбүздү жана эгер анын автору карама-каршылыктар, же кетирилген каталары менен өзүн жаманатты кылбаган болсо, андан жалганды же катаны издештин кереги жоктугун билдирет.[87] Чикаго университетинин тарых илими боюнча мурдагы профессору Луис Готтшальк тарыхый изилдөөлөрдө кеңири колдонула турган ыкмасын өзүнүн окуу куралында чагылдырган. Ал автордун же күбөнүн чындыкты айтып бериши тарыхчыларга «күч колдонуп же жалган жол менен алынган документ болсун, же башка талаш-тартыш менен, же калыстыктан алыс калган күбөнүн айтканынан, же уккандардан алынган документ болсун» документтин тактыгын ырастоого жардам берет.[88] Болгон окуяны чындыкта сүрөттөп берүү жөндөмдүүлүгү күбө сүрөттөгөн фактыларга географиялык жана хронологиялык жакын болгондугу менен тыгыз байланышкан. Инжилдеги Ыйсанын жашоосу жана окутуусу жөнүндөгү окуяларды өздөрү күбө болгондор же Машайактын жашоосунун жана окутуусунун реалдуу окуяларын көргөн адамдардан уккандар жазышкан. Инжилдеги төмөнкү сөздөргө көңүл бургула: Урматтуу Теопил! Биздин арабызда кеңири белгилүү болгон окуялар жөнүндө көптөгөн адамдар баяндап жаза башташты. Бизге ал окуяларды башынан бери өз көзү менен көргөндөр жана Кудайдын Сөзүн таратуучулар айтышкан эле. Ошондуктан бардыгын башынан баштап кылдаттык менен изилдеп чыкканымдан кийин, мен да сага ирети менен баяндап жазып жиберүүнү туура таптым. Бул аркылуу сен өзүң уккан сөздөрдүн чындык экендигин билип каласың (Лк. 1:1–4). Окумуштуулар Луканын китебинин тарыхый жаткан так экендигин моюнга алышты. «Либералдык жана консервативдик окумуштуулардын баары Лука тарыхчы катары баарын так жазгандыгы менен макул болушат», — деп түшүндүрөт Уитон колледжиндеги Инжил боюнча жана археология илими боюнча профессор Джон Макрэй. Ал такшалган жана сөзмөр адам, анын грек тили классикалыкка жакын, ал билимдүү адам катары жазат, ал эми археологиялык ачылыштар кайра-кайрадан Лука өзүнүн айткандарында так экендигин көрсөтөт.[89] Лука — фактыларды жеткирүүдө тактыкты талап кылган жалгыз библиялык автор эмес. Башка айтылгандарга көңүл бургула: Анткени Теңирибиз Ыйса Машайактын күчү жана Анын келиши жөнүндө силерге куулук менен ойдон чыгарылган тамсилдерге негизденип айткан эмеспиз, биз Анын улуулугун өз көзүбүз менен көргөнбүз (2 Пет. 1:16). Силер менен биздин ортобузда мамиле болуш үчүн, биз силерге укканыбызды жана көргөнүбүздү жарыялап жатабыз. Ал эми биздин мамиле — Ата жана Анын Уулу Ыйса Машайак менен болгон мамиле (1 Жкн. 1:3). Муну өз көзү менен көргөн адам күбөлөндүрүп жатат жана анын күбөлөндүрүүсү чындык. Ал өзүнүн чындыкты айтып жатканын билет. Ал силердин да ишенип калышыңар үчүн күбөлөндүрүп жатат (Жкн. 19:35). Азап тартып өлгөндөн кийин, кырк күн ичинде Ыйса аларга көрүнүп, Кудайдын Падышачылыгы жөнүндө айтып, Өзүнүн тирүү экендигин көптөгөн далилдер аркылуу көрсөттү (Элч.иш. 1:3). «Биз көргөнүбүз менен укканыбызды айтпай кое албайбыз», — деп жооп беришти (Элч.иш. 4:20). Бул окуяларды өз көздөрү менен көргөн алты адамдын (Матайдын, Жакандын, Пабылдын, Петирдин, Жакыптын жана Жүйүттүн) күбөлүгүн изилдөө менен апологетика боюнча профессор Линн Гарднер мындай деген жыйынтыкка келет: башка байыркы адабияттардын ырастыгын айткан далилдер менен салыштырганда «биздин Назареттик Ыйса жөнүндөгү билимдерибиздин булактары бир кыйла мыкты далилденген».[90] Авторлор окуя болуп өткөндөн кийин эле жазышкан деген факт алардын айткандарынын тууралыгынын пайдасына чечилген орчундуу далил болуп саналат. Алардын эскерүүлөрү абдан ачык болгон. Бирок тарыхчыларга окуяны көргөн болсо да, ал жөнүндөгү чындыкты атайын же кокусунан айткан күбөлөр менен да кездешүүгө туура келет. А сиз эмне деп ойлойсуз? Сиз жогоруда келтирилген алты библиялык күбөлүктөрдү окудуңуз. Кайсы сөздөр же сөз айкаштары сизге авторлордун өз жазгандарына толук ишене турганын көрсөтүп жатат? Алардын айткандары кандай сезимдерге толуп турат? Түштүк Жакшы кабардык семинариясынын негиздөөчүсү доктор Норман Гизлер көзү менен көргөн адамдардын күбөлүктөрү тууралуу мындай дейт: Көргөндөрдүн Ыйса жөнүндө айткандарынын көп санда болушу... ошондой эле күбөлөрдүн өздөрүнүн табияты жана таза абийирдүүлүгү бизге Машайак жөнүндө айткан элчилердин күбөлүктөрүнүн тууралыгына шектенүүгө эч кандай негиз бербейт.[91] Машайак жөнүндөгү инжилдик айтып берүүлөр Аны менен бирге жашагандардын убагында эле тарала баштаган. Бул Аны менен бирдей убакта жашаган адамдар же бул айтылгандардын так экендигин далидешмек, же аларды четке кагышмак. Элчилер Жакшы кабарды таратуу менен (абдан катуу оппоненттерге каршы туруу менен), көптөрү Ыйсаны көргөндүгүн айтышкан. Алар жөн гана: «Биз буларды көргөнбүз» же «биз муну укканбыз» деп айтышкан эмес, сынчылардын бетине эле: «Бул силерге да белгилүү. Силер муну көргөнсүңөр. Силер бул жөнүндө билесиңер», — деп жарыялашкан. Төмөнкү үзүндүлөргө көңүл буруңуз: Ысрайыл эркектери! Сөзүмө кулак салгыла: силер назареттик Ыйсаны мыйзамсыздардын колу менен айкаш жыгачка кадап өлтүрдүңөр. Бирок Ал силердин колуңарга Кудайдын чечими жана алдын ала көрө билүүсү боюнча салынып берилген (Элч.иш. 2:22). Пабыл өзүн коргоп сүйлөп жатканда, Фест катуу үн менен: «Акылыңдан адашып жатасың, Пабыл! Көп билгендигиң сени акылыңдан адаштырып жатат», — деди. «Жок, урматтуу Фест, — деди Пабыл, — акылымдан адашкан жокмун, тескерисинче, чындыкты жана туура сөздөрдү айтып жатамын. Бул жөнүндө падыша билет, ошондуктан мен анын алдында кайраттуулук менен сүйлөп жатам. Ушул нерселердин эч бири андан жашыруун эмес экендигине мен толук ишенемин, анткени бул окуялар бир бурчта эле болуп өткөн эмес (Элч.иш. 26:24–26). Эгерде абал баарына белгилүүү болбосо жана баары майда-чүйдөсүнө чейин макул эмес болсо, өзүңдүн оппоненттериңе: «Силер да бул жөнүндө билесиңер», — деп айткан учурда этият болуу керек, мындай жарыялоо сизге зыян алып келиши мүмкүн. Машайак жөнүндөгү инжилдик айтып берүүлөр Аны менен бирге жашагандардын убагында эле тарала баштаган. Бул Аны менен бирдей убакта жашаган адамдар же бул айтылгандардын так экендигин далидешмек, же аларды четке кагышмак. Инжилдин баалуулуктарын түпкү булак катары эсептөө менен, Ф. Ф. Брюс мындай деп жарыялайт: Биринчи насаат айтуучулар достук мамиледеги гана адамдарга эмес, Ыйсанын кызматын жана өлүмүнүн фактыларын жакшы билген каршылыштар менен да жолугууга туура келген. Шакирттер так эместикке жол бере алышкан эмес (фактыларды атайын өзгөртүү жагын жөн эле коелу), анткени ушул нерсени күтүп, араң турган адамдар иштин мындай жүрүшүн ошол замат колдонбой коюшмак эмес. Элчилердин насаат сөздөрүнүн эң күчтүү жагы — угармандардын бул нерсенин баарын билишкенинде эле; алар жөн гана: «Биз буларды көргөнбүз»,- деп эле коюшкан жок, алар: «Силер да бул жөнүндө билесиңер», — дешет (Элч.иш. 2:22). Эгер элчилер кайсы-бир маалыматтардын чындыгынан бурулуп бара жатса, каршылашкан күбөлөр ошол замат аларды оңдоп коюшмак.[92] Ыйык Петир колледжинен болгон Лоренс Дж. Макгинли каршылаш болгон күбөлөрдүн катышуусу күбөлүктөрдүн баалуулугун далилдейт деп айтат: Баарына мурун, баяндоолор нукка түшүрүлүп жаткан кезде, бул окуялардын күбөлөрү али тирүү болчу; ал күбөлөрдүн арасында жаңы диний кыймылдын ашынган душмандары да болгон. Ошондой болсо да баяндоолор баарына жакшы белгилүү иштер жөнүндө болуп жаткан жана бул окутуу ошол кезде эл алдында ачык эле жарыяланып жаткан, эгер алар жалган айта турга болсо, ошол замат аларды четке кагышмак.[93] Мына ошондуктан Брэндейс университетинин тарых илими боюнча профессору, белгилүү тарыхчы Дэвид Хакетт Фишер, элчилердин күбө катары күбөлөндүрүүлөрү — «эң анык» деп түшүндүрөт.[94] Чикаго университетинин Инжилди изилдөөчүсү Роберт Грант мындай деп жыйынтык чыгарат: Синоптикалык Жакшы кабар жазылган кезде же болбосо ошол учурда ал жазылган деп эсептей турган болсок, анын күбөлөрү тирүү болчу, ошол себептен муну көңүлгө албай коюуга болбойт... Бул Инжил Ыйсанын өмүрү, өлүмү жана тирилүүсү жөнүндө анык чындыкты айтып бериши керек эле дегенди билдирет.[95] Бүт өмүрүн байыркы документтерди изилдөөгө арнаган, тарыхый изилдөө боюнча жогорку адис, тарыхчы Уилл Дюран минтип жазат: Жакшы кабарчылар жөнүндө шектенүүлөргө карабастан, алар туура эмес теологиялык көз караштарды жазат дегендерине карабастан, алар жалганчылар айтпай койгон көп окуяларды айтышат. Мисалы: Асман Падышалыгындагы жогорку орунга умтулуу жөнүндөгү талаштары жөнүндө, Ыйсаны камакка алган кезде алардын качып кетүүсү, Петирдин тануусу, Галилеяда Машайактын керемет көрсөтүүдөн баш тартуусу, кээ бир угармандардын Аны келесоо деп эсептеши, Анын келечекти билбей тургандыгын мойнуна алуусу, Анын кайгырган учуру, айкаш жыгачта өкүнүчтүү кыйкырыгы ж.б.у.с. Бул сүрөттөөлөрдү окуган адамдардын бири да анын реалдуу жазылгандыгынан күмөн санай албайт. Эгер бир нече жөнөкөй адамдар бир муундун жашоо мезгилинде ушундай таасир калтыра турган жана өзүнө тартып турган Инсанды, ушунчалык жогору турган этиканы, ушундай шыктандырарлык адамзатынын аянын ойлоп таба алышса, анда бул Инжилде сүрөттөлгөн кереметтерден да ашып түшкөн укмуш окуя болмок. Сынчылардын иштеринен кийинки эки кылымдан кийин Машайактын өмүрү, мүнөзү жана окутуусу ачык жана түшүнүктүү болуп калды, алар батыш цивилизациясынын тарыхында абдан кызыктуу, адамды өзүнө тарткан барактар болуп калды.[96] Сырткы далилдер Тарыхый чындыкты текшерүүнүн үчүнчү принциби — сырткы далилдер. Бул жерде сөз башка тарыхый материалдар документтердин ички далилдерин тастыктайбы же четке кагабы, ошол жөнүндө болмокчу. Башкача айтканда, талданып жаткан документтен сырткары дагы кандай булактар анын чындыгын жана аныктыгын далилдеп бере алат? Луис Готтшальктын атйканына караганда «башка белгилүү тарыхый жана илимий фактылар менен дал келүүсү же ылайык келүүсү көп учурда бир же бир нече күбөлөрдүн көрсөтүүлөрү чындык экендигин далилдөөчү маанилүү фактор болуп саналат».[97] Элчи Жакандын эки досу да анын айтып берген окуялары чынында болгонун ырасташат. Анын биринчиси Папий, Иераполдун епискобу (б.з.130 ж.). Тарыхчы Евсевий Папийдин эмгегинен болгон үзүндүнү мисал келтирет: Аксакал [элчи Жакан] минтип айткан: «Петирдин котормочусу болгон Марк Машайактын айткандарын же кылган иштерин баарын ал [Петир] айтып бергендей так жазган, албетте, баары тартип менен эмес. Анткени ал өзү Теңирди угуп, ээрчип жүргөндөрдөн эмес эле; бирок, кийинчерээк мен айткандай, ал Петирди коштоп жүрдү. Петир болсо Теңирдин айткандарын жыйнак катары түзүү үчүн эмес, Анын окутууларын керектүү жерде кандай колдонууну билген. Ошондуктан Марк анын айткандарын эстеп жазуу менен ката кетирген жок; анткени ал бир нерсеге гана көңүл бурган: уккандарынын эч бирин эстен чыгарып койбогонго жана эч кандай жалган нерсени кошуп койбогонго тырышкан.[98] Тарыхый чындыкты текшерүүнүн үчүнчү принциби — сырткы далилдер: башка тарыхый материалдар документтердин ички далилдерин тастыктайбы же четке кагабы. Жакандын экинчи досу анын шакирттеринин бири болгон Поликарп, ал Смирнада епископ болгон жана сексен алты жыл машайакчы болгон. Поликарптын шакирти Ириней, ал кийинчерээк Лиондун епискобу болгон (б.з.180 ж.), Поликарптан алгандарын төмөнкүчө сүрөттөйт: Матай өз Жакшы кабарын еврейлердин [башкача айтканда жүйүттөрдүн] арасында алардын өз эне тилинде үгүттөгөн, а Петир менен Пабыл Жакшы кабарды Римде айтышкан жана ал жерде жыйынды негиздешкен. Алардын көзү өткөндөн кийин [башкача айтканда бул б.з. 64-жылы болгон Нерондун куугунтугу учурунда болгон деген баяндоолорго ылайык] Марк, Петирдин шакирти жана котормочусу, өзү жазуу жүзүндө Петирдин насаат сөздөрүнүн маңызын бизге тапшырды. Лука, Пабылдын жолдоочусу, өзүнүн устаты насааттаган Жакшы кабар китебин жазды. Андан кийин Теңирдин көкүрөгүнө башын сүйөп жаткан шакирти болгон Жакан [бул Жкн. 13:25 жана Жкн. 21:20 жазылган] өзү Асиядагы Эфесте жашап жүргөн кезинде өзүнүн Жакшы кабарын жазды.[99] Гэри Хабермас «Тарыхый Ыйса: Машайактын өмүрү жөнүндөгү байыркы күбөлүк» деген китепте тарыхый Ыйса тууралуу сырткы далилдерди методикалык түрдө эсептейт. Грек, рим жана жүйүт документтери Ыйсанын өмүрү, кызматы жана өлүмү жөнүндөгү негизги маалыматтарды тастыктайт. Бул күбөлүктөр төмөнкү маанилүү окуяларга тийиштүү: 1) Ыйсаны римдиктердин айкаш жыгачка кадоосу; 2) Ыйсага Кудай катары табынуу; 3) Ыйсанын өлгөндөн тирилүүсүнө ишенүү; 4) Ыйса Жакыптын бир тууганы болушу; жана 5) бош калган мүрзө. Хабермас мындай деп корутундулайт: «байыркы сырткы далилдер Ыйсанын жашоосуна жана алгачкы машайакчылыктын табиятына тийиштүү болгон таң калтыра турган көп нерселерди камтыйт».[100] Археология да орчундуу сырткы далилдерди көрсөтөт. Ал Ыйык Китепти изилдеп окууда, анын рухий жагы жана ачылыштары жагына эмес, андагы болгон окуялардын сүрөттөлүшү жөнүндөгү аңгемелердин так болгондугун далилдөө менен салым кошот. Археолог Джозеф Фри мындай деп жазат: «Археология мурунку кезде сынчылар так эмес деп четке каккан же белгилүү фактыларга карама-каршы келет деген көп сандаган эпизоддорду чындыкка чыгарды.[101] А сиз эмне деп ойлойсуз? Археологиялык далилдерге карабастан сынчылар көп учурда Ыйык Жазуу так эмес деп айтышат. Сиз кантип ойлойсуз, эмне үчүн? Сиз четке какканга мүмкүн болбогон күбөлүктөр барбы? Биз Уильям Рэмси мырзанын Луканын китебине болгон туура эмес алгачкы ойлорун өзгөрткөнүнө жана Элчилердин иштери китеби Кичи Азиянын географиясын жана байыркы салттарын, коомчулугун так сүрөттөгөн деп жыйынтык чыгаруусунө археология себепкер болгонунун күбөсү болдук. Ф. Ф. Брюс: «Луканы так эмес дешкен учурда, ал эми тактык кээ бир библиядан тышкары болгон [сырткы] далилдер менен далилденет, биз толук ишенимдүүлүк менен айта алабыз: археология Инжилдеги айтууларды далилдейт», — деп белгилейт.[102] Байыркы тарых боюнча адис Э. Н. Шеруин-Уайт мындай деп жазат: «Элчилердин иштери китебинин тарыхый экендигинин далилдениши таң калыштуу». Андан ары сөзүн минтип улайт: «анын тарыхый чындыгын бүгүнкү күндө майда нерселерден издөө акылсыздыктай көрүнөт. Римдин тарыхчылары эбак эле аны ишенимдүү булак катары кабыл алышкан».[103] Мен өзүм Ыйык Жазуунун тарыхый эместигин жана тууралыгын четке кагууга аракет кылганмын, бирок ал тарыхый чындык деп жыйынтык чыгарууга аргасыз болдум. Эгер адам Библияны тарыхый чындыкка жатпай турганын айтып, четке кага турган болсо, ага бүткүл байыркы адабиятты четке кагууга туура келет. Башка бир дагы документтин туура, так экендигин аныктаган ушунча далилдери жок. Мен дайыма кездешкен маселелердин бири — бул көпчүлүктүн адабиятты изилдөөгө бир стандарты, ал эми Библияга башка стандартты колдонууну каалоо. Бирок биз жөнөкөй дүйнөлүк адабиятка да, диний адабиятка да бирдей эле эрежени колдонушубуз керек. Мен мына ушундай кылдым, анан Библиянын чындык экендигине жана Ыйса жөнүндө тарыхый ишенимдүү күбөлүктөрдү көрсөтө тургандыгына ынандым. Эгер адам Библияны тарыхый чындыкка жатпай турганын айтып, четке кага турган болсо, ага бүткүл байыркы адабиятты четке кагууга туура келет. Макмастер колледжинин системалык теология боюнча профессору Кларк Х. Пиннок мындай дейт: Мындай тексттик жана тарыхый маалыматтар менен далилденген жана абдан тыкандык менен тыянак чыгарууга мүмкүндүк берген байыркы замандын бир да документи бизде жок. Чынчыл адам буга окшогон булакты четке кага албайт. Машайакчылыктын тарыхый тактыгына болгон скептицизм табияттан сырткары болгонго каршы турган, ой жүгүртпөгөн көз караштарга негизделген.[104] Денвер семинариясында философия боюнча профессор жана философия кафедрасынын башчысы Дуглас Грутуис мындай деп көрсөтөт: «Инжил башка кайсы гана байыркы адабият болбосун, баарынан мыкты далилденген».[105] 7-бөлүм. Жалган үчүн жанын ким кыят? Машайакчылыкты кабыл албагандар көп учурда бир күбөлүккө көңүл бурбай жүрүшөт — бул Ыйсанын элчилеринин өзгөрүшү. Бул адамдардын жашоосу түп-тамыры менен өзгөргөн жана бул — Анын айткандарынын чындык экендигинин орундуу далили. Машайакчылык ишеним — тарыхый факт болгондуктан, биз күбөлүктөргө, жазууга жана оозеки айтылгандарга таянышыбыз керек. Мындай күбөлүксүз биз тарыхый окуяны, машайакчылык же башка кайсы гана окуя болбосун, өзүбүзгө элестете албайбыз. Факт жактан алып караганда, дүйнөнүн бүт тарыхы — бул маңызы боюнча күбөлүктөргө негизделген, болуп өткөн окуя жөнүндөгү билим. Эгер бул күбөлүктөргө болгон ишеним сиз үчүн олку-солку болгон негизи бардай сезилсе, анда биз өткөн нерсе жөнүндө дагы кайдан биле алабыз? Наполеон жашаганын сиз кайдан билесиз? Биздин эч кимибиз ошол кезде жашаган эмеспиз. Биз аны көргөн эмеспиз жана жолуккан эмеспиз. Биз күбөлүктөргө таянышыбыз керек. Биздин тарыхты билүүбүз менен бир маанилүү маселе байланыштуу: бул күбөлүктөр чындыкпы? Биздин машайакчылык жөнүндөгү билимдерибиз мурда болуп өтүп кеткен күбөлүктөргө негизделгендиктен, биз анын канчалык так экендигин билүү үчүн суроо берүүгө аргасыз болобуз. Ыйса жөнүндөгү алгачкы оозеки күбөлүктөр чынбы? Биз анда Ыйсанын айткандары жана кылган иштери туура жеткирилгенине ишене алабызбы? Мен ишене алабыз деп ойлойм. Мен элчилердин күбөлүктөрүнө ишене алам, анткени бул он экинин ичинен он бири азапка кириптер болуп жан кыйышкан. Алар эки чындык үчүн: Машайактын Кудайлыгына жана Анын тирилишине ишенгендиктен өлүштү. Аларды кыйнашты, сабашты, андан кийин белгилүү болгон эң бир катаал азаптуу жазага тартышты.[106] 1. Петир, башында Шымон деген аты бар, айкаш жыгачка кадалган. 2. Андрей айкаш жыгачка кадалган. 3. Жакып, Зебедейдин уулу, кылыч менен өлтүрүлгөн. 4. Жакан, Зебедейдин уулу, өз өлүмү менен өлгөн. 5. Филипп айкаш жыгачка кадалган. 6. Бартоломей айкаш жыгачка кадалган. 7. Томас найза менен өлтүрүлгөн. 8. Матай кылыч менен өлтүрүлгөн. 9. Жакып, Алпейдин уулу, айкаш жыгачка кадалган. 10. Фаддей жебе менен өлтүрүлгөн. 11. Шымон, зилот, айкаш жыгачка кадалган. Көбүнчө мага жооп катары: «Эмне болуптур, алар жалган нерсе үчүн деле жанын кыя алышмак. Көп адамдар жалган үчүн өлүшкөн, бул эмнени далилдемек эле?» — дешет. Ооба, көп адамдар жалган үчүн өлүшкөн, бирок алар аны чындык деп ишенишкен. А шакирттер менен абал башкача болгон. Эгер Ыйсанын тирилүүсү болгон эмес болсо, албетте, шакирттер муну билишмек. Мен алардын алданып калганын элестете да албайм. Анда булар калп үчүн гана өлбөстөн — бул абдан маанилүү — калп экенин билип туруп жан кыйышкан тура. Он бир адамдын тарыхтын бир убагында, жалган үчүн өлө тургандарын билип туруп, өлүмгө барганын элестетүү да кыйын. Келгиле, алардын ишенимдеринин бекемдигин түшүнүүдө бизге жардам бере турган бир нече факторлорду карап көрөлү. 1. Алар өз көздөрү менен көрүшкөн 2006-жылы Инжилди изилдөөчү Ричард Баукхем «Ыйса жана Аны көргөндөр» деген китепти жазган, анда төрт Жакшы кабарды тең ишеничтүү күбөлүктөрдүн негизинде негиздүү деп эсептегенге болот деп далилдеген.[107] Элчилер жана башка шакирттер болгон окуяны сүрөттөп жазышкан жана алар жөнүндө көргөн адам катары айтып беришкен. Петир айтат: «Анткени Теңирибиз Ыйса Машайактын күчү жана Анын келиши жөнүндө силерге куулук менен ойдон чыгарылган тамсилдерге негизденип айткан эмеспиз, биз Анын улуулугун өз көзүбүз менен көргөнбүз» (2 Пет. 1:16). Элчилер, албетте, миф менен уламыштын жана чындыктын айырмасын билишкен. Тарыхта көп адамдар жалган үчүн өлүшкөн, бирок алар аны чындык деп ишенишкен. Эгер тирилүү чындык эмес болсо, Ыйсанын азап тартып өлгөн шакирттери муну билбей калмак эмес. Өзүнүн биринчи катында Жакан, элчилердин билими жекече байкоого негизделгендигин, ал жана башка элчилер кантип Ыйсанын сөздөрү жана иштери жөнүндө билгендерин түшүндүрүү менен белгилейт: «Эң башында Өмүр Сөзү болгон. Аны биз угуп, өз көзүбүз менен көрүп, карап, колубуз менен кармап көргөнбүз. Өмүр келди, аны биз көрдүк жана ал жөнүндө күбөлөндүрүп жатабыз. Ата менен бирге болуп, бизге келген ошол түбөлүк Өмүрдү жарыялап жатабыз. Силер менен биздин ортобузда мамиле болуш үчүн, биз силерге укканыбызды жана көргөнүбүздү жарыялап жатабыз. Ал эми биздин мамиле — Ата жана Анын Уулу Ыйса Машайак менен болгон мамиле» (1 Жкн. 1:1–3). Өзү жазган Жакшы кабардын акыркы бөлүгүн мындай сөздөр менен баштайт: «Ыйса шакирттеринин көз алдында көптөгөн кереметтерди көрсөттү, бирок бул китепке алардын баары жазылган жок» (Жкн. 20:30). А сиз эмне деп ойлойсуз? Сиз бир нерсе үчүн же кимдир-бирөө үчүн өз жаныңызды бере аласызбы? Эмне үчүн? Лука минтип жазды: «Урматтуу Теопил! Биздин арабызда кеңири белгилүү болгон окуялар жөнүндө көптөгөн адамдар баяндап жаза башташты. Бизге ал окуяларды башынан бери өз көзү менен көргөндөр жана Кудайдын Сөзүн таратуучулар айтышкан эле. Ошондуктан бардыгын башынан баштап кылдаттык менен изилдеп чыкканымдан кийин, мен да сага ирети менен баяндап жазып жиберүүнү туура таптым» (Лк. 1:1–3). Андан кийин Элчилердин иштери китебинде Лука тирилүүдөн кийинки, Ыйсанын артынан ээрчигендер Анын артынан көңүл коюп байкоо жүргүзгөн кырк күндү сүрөттөйт: «Теопил, Ыйса Өзү тандаган элчилерге Ыйык Рух аркылуу буйрук бергенден кийин, асманга алынып кеткен күнүнө чейин, башынан баштап эмнени жасаса, эмнени үйрөтсө, ошонун баарын мен сага биринчи китепте жазгам. Азап тартып өлгөндөн кийин, кырк күн ичинде Ыйса аларга көрүнүп, Кудайдын Падышачылыгы жөнүндө айтып, Өзүнүн тирүү экендигин көптөгөн далилдер аркылуу көрсөттү» (Элч. иш. 1:1–3). А сиз эмне деп ойлойсуз? Сиз бир окуянын күбөсү болуп, андан кийин көргөнүңүз жөнүндө айтып бердиңиз беле? Сизге ишенишкенби? Күбөнү эмне ишенимдүү кылат? Бул көргөндөрдүн күбөлүктөрүнүн башкы темасы — Ыйсанын тирилиши болгон. Элчилер Анын тирилүүсүнөн кийинки жашоосунун күбөлөрү болушкан. 2. Алар өздөрү бекем ишенимге ээ болуулары керек эле Ыйса өлгөн кезде, элчилер баары бүттү деп ойлошкон. Аны кармап кетишкенде, алар жашырынып калышкан ( Мк. 14:50 караңыз). Аларга мүрзө бош калганын айтышканда, буга башында ишенишкен жок (Лк. 24:11 караңыз). Бир нече ынандырарлык далилдер болгондо гана алар ишеништи. Томас Машайактын өлгөндөн тирилгенине Анын кабыргаларына колумду сайып көргөндө гана ишенем деди. Кийин Томас Машайак үчүн азап тартып өлдү. Ал алданып калдыбы? Ал өмүрүн чындыкты далилдөө үчүн кыйды. Андан кийинкиси — Петир. Ал Машайактан Анын үстүнөн сот болуп жаткан учурда бир нече жолу баш тартып, Аны таштап кетти. Бирок бирдеме болуп кетти, ал эр жүрөк болуп калды. Машайак өлүп, көмүлгөндөн кийин Петир, Иерусалимде эр жүрөктүүлүк менен Ыйсанын Машайак экенин жөнүндө жана Ал тирилди деп, өз өмүрүн тобокелге салуу менен жарыялап, насаат айтты. Андан кийин Петир айкаш жыгачка кадалды (баяндоолорго караганда, анын башын ылдый каратып кадашкан). Бул коркокту Ыйсанын эр жүрөк аскерине эмне айландырды? Эмне үчүн ал Ыйса үчүн өлүмгө даяр болду? Ал да алданып калдыбы? Кайдан. Мени канааттандырган түшүндүрмөнү биз 1 Кор. 15:5тен окуй алабыз: Машайак тирилгенден кийин «Кифага көрүндү». Петир өзүнүн тирилген Теңирин көрдү жана ушунчалык бекем ишенгендиктен, өз ишеними үчүн өлүмгө даяр болду. Өз эркине каршы ишенген адамдын мисалы — Жакып, Ыйсанын бир тууганы (Мт. 13:55; Мк. 6:3). (Жакып башында он экинин бири болгон эмес [Мт. 10:2–4 караңыз], кийнчерээк ал Пабыл менен Барнаба сыяктуу [Элч.иш.14:14 караңыз] элчи деп таанылган [Гал.1:19 караңыз]). Ыйса эр жетип, кызмат кыла баштаганда, Жакып, анын агасы Анын Кудайдын Уулу экенине ишенген эмес (Жкн. 7:5 караңыз). Шексиз түрдө Жакып башка бир туугандары менен бирге Ыйсанын үстүнөн күлгөн болушу керек: «Сен адамдар Сага ишенгенин каалайсыңбы? Эмне үчүн сен Иерусалимге барып, ошол жерде Өз кереметтериң жана айыктырууларың менен тамаша курсаңчы?» Жакып анын Агасы үй-бүлөнү шылдың кылып, Өзүнүн: «Жол, чындык жана өмүр Менмин. Атама Мен аркылуу гана барууга болот, Менсиз эч ким бара албайт» (Жкн. 14:6); «Мен Сабакмын, силер болсо бутактарсыңар» (Жкн. 15:5); «Мен жакшы Кайтаруучумун. Мен Өзүмдүн койлорумду билем, алар Мени билишет» (Жкн. 10:14) деген жапайы көрүнгөн сөздөрдү жарыялаганда, өзүн кемсинтилгендей сезсе керек. Сиздин бир тууганыңыз шаарды аралап, ушуга окшогон нерсени жарыялап жүрсө, сиз эмне деп ойлойт элеңиз? А сиз эмне деп ойлойсуз? Ыйсанын бир туугандары Анын айткандарына жана жасаган иштерине каршы болушкан. Көп учурда адамдын туугандары анда болуп жаткан өзгөрүүлөргө каршы болушат. Сиз кантип ойлойсуз, эмне үчүн? Анан Жакып менен бир нерсе болду. Ыйса айкаш жыгачка кадалып, көмүлгөндөн кийин, Жакып Иерусалимде насаат сөз айта баштады. Ал Ыйсанын биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлүп, тирилгендиги жана тирүү экендигин айта баштады. Бир аз убакыттан кийин Жакып Иерусалим жыйынында кадыр-барктуу адам болуп калды жана Жакыптын каты деген китепти жазды. Ал мындай сөздөр менен башталат: «Кудайдын жана Теңир Ыйса Машайактын кулу Жакыптан Ысрайыл элинин тарап кеткен он эки уруусуна салам!» (Жкп. 1:1). Кийинчерээк Жакып башкы ыйык кызматчы Ананиянын буйругу менен таш бараңга алып өлтүрүлгөн.[108] Өзүнө ишенбеген шылдыңчыл адамды өз бир тууганынын Кудайлыгын жактоо менен өлүмгө даяр болууга эмне түрткү берди? Ал дагы алданып калдыбы? Жок. Жалгыз логикалык түшүндүрмөнү биз 1 Кор. 15:7 ден окуй алабыз: «Андан кийин [тирилгенден кийин] Жакыпка жана башка элчилерге көрүндү». Жакып тирилген Машайакты көрдү жана ишенип калды. Өзүнө ишенбеген шылдыңчыл Жакыпты өз бир тууганынын Кудайлыгын жактоо менен өлүмгө даяр болууга эмне түрткү болду? Ал тирилген Машайакты көрдү жана ишенип калды. Талбота мектебиндеги философия боюнча профессору Дж. П. Морленд Ыйсанын бир тууганы болгон Жакыптын аягында Ага Машайак катары ишенип калышынын себебин мындай деп түшүндүрөт: Жакшы кабарларда Ыйсанын үй-бүлөсү, анын ичинде Жакып да Ыйсанын Өзү жөнүндө жарыялагандарынан уялышкан. Алар Ага ишенишкен эмес, Ага каршы болушкан. Байыркы жүйүттөрдүн коомчулугунда өз үй-бүлөсү тарабынан кабыл алынбаса, устат үчүн абдан катуу уят болуп эсептелген. Ошондуктан Жакшы кабарлардын авторлору бул чындык эмес болсо, Ыйсага болгон бир туугандарынын ишенбестик мамилесин ойлоп табуунун маңызы да жок эле. Ушул убакыттан кийин болгон тарыхчы Иосиф Флавий минтип жазат: Жакып, Ыйсанын бир тууганы, өз бир тууганына ишенгендиги үчүн таш бараңга алып өлтүрүлгөн. Жакыптын ою эмне үчүн өзгөрүлдү. Пабыл бизге ага тирилген Ыйса жолуккандыгы жөнүндө айтат. Башка эч кандай түшүндүрмө жок.[109] Эгер тирилүү жалган болсо, элчилер бул жөнүндө билишмек. Мүмкүн, алардын баары бул жалганга катышкандыр? Бирок бул алардын жашоосундагы биз билген моралдык сапаттарына каршы чыгып жатат. Алар жалганды ойлонбостон туруп соттошкон жана чынчыл болууну талап кылышкан. Алар элдерди чындыкты кабыл алууга чакырышкан. Тарыхчы Эдвард Гиббон өзүнүн белгилүү болгон «Рим империясынын кыйрашынын жана жок болушунун тарыхы» аттуу эмгегинде машайакчылыктын бат таралышынын беш себебинин бири катары «алгачкы машайакчылардын моралдык жактан абдан тазалыгы» деп белгилеген.[110] Оксфорд университетиндеги Виклифхоллдун улуу изилдөөчүсү Майкл Грин мындай деп белгилейт: тирилүүгө болгон ишеним айкаш жыгачка кадалган устатынын жолдочуларын кайраттуу күбөлөргө жана алгачкы жыйында азап чегип, өз өмүрүн бергендерге айлантты. Бул ишеним Ыйсанын жолдоочуларын жүйүттөрдөн айырмалап жана аларды тирилүүнүн коомчулугуна айлантты. Аларды түрмөгө салып, токмоктоп-сабап, өлтүрүшкөн, бирок аларды «Ал үчүнчү күнү тирилди» деген өз ишениминен мажбурлап баш тарттыра алышкан эмес.[111] 3. Алар эр жүрөк болуп калышты Элчилердин тирилүүгө бекем ишенээр замат кайраттуу, эр жүрөк болуп кетиши бул жерде эч кандай жалган жок экендигин көрсөтөт. Алар бир эле түндө тайманбаган эр жүрөк болуп чыга келишти. Машайакты тааныбайм деп танып кеткен Петир тирилүүдөн кийин өз өмүрүн тобокелге салуу менен Ыйса тирүү деп жарыялай баштады. Бийликтегилер Машайактын жолдоочуларын камакка алышкан, аларды уруп-сабашкан, бирок алар кайрадан көчөлөрдө Ыйса жөнүндө күбөлөндүрүү үчүн кайтышкан (Элч.иш. 5:40–42). Алардын достору — алардын ишенимине, а душмандары болсо — алардын эр жүрөктүүлүгүнө көңүл бурушкан. Эсиңизде болсун, элчилер кайсы-бир алыскы шаарда насаат айтышкан жок. Алар Иерусалимде жар салышты. Ыйсанын жолдоочулары Анын тирилгенине анык ишенгенге чейин азап чегүүгө жана өлүмгө беттеп барышкан эмес. Алардын бир жакадан баш чыгарып, бирдиктүү үгүт таратуулары таң калыштуу болгон. Ыйсанын жолдоочулары Анын тирилгенине анык ишенгенге чейин азап чегүүгө жана өлүмгө беттеп барышкан эмес. Алардын бир жакадан баш чыгарып, бирдиктүү үгүт таратуулары таң калыштуу болгон. Кандайдыр-бир топтогу адамдардын бирдиктүү ой-пикирге келиши негизинен кыйын, бирок бул адамдардын баары тирилүүнүн чындык экендиги менен макул болушкан. Эгер алар жалганчылар болсо, эмне үчүн алардын бирөө-жарымы кыйноолордун учурунда “сынып калбаганын” түшүндүрүү кыйын. Француз философу Блез Паскаль мындай деп жазат: Элчилерди жалганчы деп саноо дегеле акылга сыйбай турган нерсе. Келгиле, бул айыптоодон логикалык тыянак чыгарып көрөлү: Машайак өлгөндөн кийин он эки шакирти чогулуп алып, баарына Ал тирилди деп айтууга чечим чыгарышты деп элестетели. Жыйынтыгында, алар элдин жана диний бийликтин чабуулуна учурашты. Адамдар түйшүкчүл жана маңызы туруксуз экендиги белгилүү, аларды убадалар менен же материалдык бир нерсе менен тартууга болот. Эгер бул адамдардын бири эле азгырылып, түрмөдөн болгон коркунучтун айынан баш тартса, анда баары кыйрашмак.[112] Доктор Дж. П. Морленд мындай деп түшүндүрөт: Ыйсаны айкаш жыгачка кадаган кезде, Анын жолдоочулары кайгырып, баары чачырап кетишкен. Алар Ыйсанын Кудай тарабынан келгенине ишенишпей калышкан, анткени айкаш жыгачка кадалуу — каргыш деп саналган. Аларды Кудай Өз Машайагынын өлүшүнө жол бербейт деп окутушкан. Ошентип, алар тарап кетишти. Ыйсанын жолдоочуларынын кыймылы жок болуп кетти. Анан кокусунан эле, бир аз убакыттан кийин, биз алар өз иштерин таштап, кайрадан чогулуп, аябай өзгөчө кабарды — Ыйса Машайак — айкаш жыгачта өлүп, тирилип жана тирүү болуп көрүнгөн Кудайдын Мессиясы деп тарата башташты. Алар адамдык көз караш менен караганда эч кандай сыйлык албай туруп эле, калган өмүрлөрүнүн аягына чейин ушул нерсени жарыялоого даяр болушкан. Жер Ортолук деңизде кимди-бирөөнүн аларга бул үчүн акы төлөп бериши кайдагы нерсе. Аларды кыйынчылыкка толгон жашоо күтүп турган. Көп учурда алар ачка калышкан, ачык асман астында укташкан, алардын үстүнөн шылдыңдап күлүшкөн, аларды сабап, түрмөлөргө отургузушкан. Аягында, алардын көбүн кыйноо жолу менен өлүм жазасына тартышкан. Эмне үчүн? Жөн элеби? Жок, анткени алар өлгөндөрдүн арасынан тирилген Ыйсаны көргөндөрүнө ушунчалык бекем ишенишкен жана кыпындай да шектенишкен эмес. Эгер алар тирилген Машайакты көрбөгөн болсо, мындай ишенимге кантип келгенин түшүндүрүү кыйын. Башка эч кандай адекваттуу түшүндүрмө жок.[113] А сиз эмне деп ойлойсуз? Өз иши үчүн өлгөнгө даяр болгон адамдарга суктанасызбы? Алардагы эмне сизди өзүнө тартат? А эмне чочулатат? Алардан сиз өзүңүзгө бирдеме үйрөнө аласызбы? «Алар кантип бир түндө өзгөрүлүп кетишти, — деп сурайт Майкл Грин, — эр жүрөктүүлүк менен оппозицияга, цинизмге, шылдыңга, кыйынчылыкка, түрмөгө камаганга жана өлүмгө тайманбай барган, үч континентке Ыйсаны жана тирилүүнү жарыялаган коркпогон энтузиасттардын отрядына кантип айланып кетишти?»[114] Ыйсанын жолдоочуларынын көбүн кыйноо жолу менен өлүм жазасына тартышкан. Эмне үчүн? Жөн элеби? Жок, анткени алар өлгөндөрдүн арасынан тирилген Ыйсаны көргөндөрүнө ушунчалык бекем ишенишкен. Белгисиз автор элчилердин өмүрүндө болгон өзгөрүүлөрдү мындай сүрөттөйт: Айкаш жыгачка кадаган күнү алар кайгыга толгон эле, жуманын биринчи күнү алар кубанышты. Айкаш жыгачка кадаган учурда алардын үмүттөрү үзүлгөн эле, жуманын биринчи күнүндө алардын жүрөгүндө толук ишеним жана үмүт бар болчу. Алар тирилүү жөнүндө биринчи укканда, ишене алышкан жок, бирок алар ишенгенден кийин, шектенишкен жок. Бул адамдарда болгон ушундай кыска убакыттагы өзгөрүлүүнү эмне менен түшүндүрүүгө болот? Мүрзөдөн жөн гана көмүлгөн дененин жоголуп кетиши алардын рухуна жана мүнөзүнө ошончолук таасир этпейттир эле. Уламыштын укмуштугуна берилип кетүүгө үч күн аздык кылат. Уламыш тараш үчүн убакыт керек. Бул бардык жактан түшүндүрмө талап кылган психологиялык факт. Дүйнөгө качандыр-бир убактан бери белгилүү болгон окутуулардан да жогоркуну берген бул күбөлөрдүн, эркектердин жана аялдардын мүнөзү жөнүндө ойлонуп көрүңүз, алар душмандарынын күбөлөндүргөнүнө караганда да өз ишенимдерине ылайык жашашкан. Бул психологиялык көз караш менен караганда таң калтыра турган нерсе: жеңилүүгө учураган коркоктордун чоң эмес тобу үйдүн чатырына чогулушту, бир нече күндөн кийин эле алар эч бир куугунтук токтото албаган коомго айланып кеткен, бул өзгөрүүнү алар анын жардамы менен дүйнөнү алдаганга аракет кылган болбогон ой деп түшүндүрүүгө аракет кылып көрүңүзчү. Мунун эч кандай мааниси жок.[115] Жыйындын тарыхчысы Кеннет Скотт Латуретт минтип жазган: Тирилүүнүн таасири жана шакирттерге Ыйык Рухтун түшүүсү... абдан маанилүү. Кайгырып, жана көңүлү чөккөн адамдар, Ыйсаны — Израилдин Куткаруучусу деп үмүттөнгөнүн эстегенде кайгырышкан алар болгон окуянын эргиген күбөлөрүнө айланышты.[116] Англиядагы Оксфорд университетинин Инжил боюнча мурдагы профессору Н. Т. Райт мындай деп түшүндүрөт: Тарыхчылар өздөрүнө мындай деп суроого аргасыз: «Ыйса айкаш жыгачка кадалганына карабастан, Ыйсаны — Машайак деп жарыялаган бул кыймыл токойду өрттөгөн өрт сымал ушунчалык бат тараганын кантип түшүндүрүүгө болот?». Жооп бирөө гана: анткени Ал өлгөндөрдүн арасынан тирилди.[117] Үч бирдиктүүлүк инжилдик мектебинин Жакшы кабар боюнча профессору Пол Литтл мындай деп суроо узатат: Кантип эле коомдун моралдык түзүлүшүн өзгөрткөнгө жардам берген ушул адамдардын баары алдына эч кимди чыгарбаган алдамчы же адашкан келесоо адамдар болсун? Мындай кыйын абалда кайра тирилүү фактысына ишенүү жеңилирээк, ошондой эле бизде алардын ошондой эмес экендигин далилдей турган эч нерсебиз жок.[118] Элчилердин өлүмдүн алдында болгон өжөрлүгүн башка эч бир жол менен түшүндүрүүгө болбойт. Британдык энциклопедияга дал келгендей Ориген Петирдин башын ылдый каратып, айкаш жыгачка кадашкан дейт. Элчинин өлүмүн жыйындын тарыхчысы Герберт Б. Уоркман төмөнкүдөй сүрөттөйт: Ошентип, Петирди биздин Теңир Өзү алдын ала айткандай, байлап, Аврелия жолу менен Ватикан дөңсөөсүндөгү Нерондун багынан алыс эмес жердеги анын бир туугандары азап чегип, кыйналып өлгөн жерге алып жөнөштү. Анын өзүнүн өтүнүчү боюнча, башын ылдый каратып кадашты, анткени ал өзүн Устаты кандай өлүм менен өлгөн болсо, ошондой өлүм менен өлүүгө татыксызмын деп эсептеди.[119] Лидса университетинде профессор болгон Гарольд Мэттингли өзүнүн тарыхый эмгегинде мындай деп жазат: «Элчилер, ыйык Петир менен ыйык Пабыл өз күбөлүктөрүн өз каны менен жазышкан».[120] Тертуллиан: «бир да адам өзү чындык деп эсептебеген нерсе үчүн өлбөйт», — деп жазган.[121] Гарварддагы юриспруденция боюнча профессор, күбөнү кантип сындырып, ал чындыкты айтып жатканы же алдап жатканын билүүгө мүмкүн экени жөнүндө көп жылдар бою лекция окуган Саймон Гринлиф мындай жыйынтыкка келет: Согуш тарыхында мындай баатырдык өжөрдүктү, чыдамдуулукту, ийилбеген эр жүрөктүүлүктү жолуктуруу мүмкүн эмес. Аларда өз ишениминин негизин көңүл буруп карап чыгууга жана алар бекем ишеним менен жарыялаган фактыларды жана чындыктардын ырастыгы жөнүндө ойлонууга көп себептер бар болчу.[122] Тарых илими боюнча профессор, доктор Линн Гарднер адилеттүү мындай суроо берет: Аларга өздөрү жалган деп эсептеген нерсе үчүн өлүүнүн эмне кереги бар эле? Адам алданып калып, жалган үчүн өлүшү мүмкүн. Бирок элчилер Ыйсанын тирилиши жөнүндө чындыкты билиши керек эле, бирок алар Ал үчүн өлүштү.[123] Тарыхта бир дагы Анын тирилүүсүнө каршы болгон күбөлүк жок. Калифорниядагы юристтердин ассоциациясынын мурунку президенти Том Андерсон мындай деп жазат: Келгиле, Анын тирилгенден кийин жүздөгөн адамдарга көрүнүшү жөнүндөгү жазуу түрүндөгү айтуулар жалган болсун деп коелу. Анда мен бир суроо узатайын. Эгер бул окуя ушунчалык белгилүү болсо, жок дегенде бир тарыхчы, же бир күбө, же бир машайакчылыктын каршылашы Машайактын өлүк денесин көрдүм деп айтканын күтүүгө болот беле?.. Тарыхта бир дагы Анын тирилишине каршы чыккан күбөлөндүрүү жок.[124] Дж. П. Морленд: «Мага белгилүү болгон бир да тарыхчы машайакчылык кыймыл Ыйса өлгөндөн бир нече жумадан кийин, бирдиктүү болгон жана ошондой эле каршы болгон күбөлөрдүн катышуусунда Иерусалимде башталганынан шек санашпайт», — деп көрсөтөт.[125] Машайакчылык кыймыл Иерусалимде жөн гана башталган жок, Талбота мектебинин философия илими боюнча профессору, изилдөөчү, доктор Уильям Лэйн Крейг мындай ачык корутунду жасайт: Ыйсанын денеси коюлган мүрзө машайакчыларга да, жүйүттөргө да белгилүү болгон. Эгер ал бош калган болбосо, тирилүүгө негизделген ишенимдеги кыймыл, ошол адам эл алдында өлүм жазасына тартылып, көмүлгөн ал шаарда пайда болушу мүмкүн эмес.[126] А сиз эмне деп ойлойсуз? Сиз элчилер өз өмүрлөрүн берүү менен өз ишенимдеринин чындыгын далилдей алды деп эсептейсизби? Алар өздөрүнүн чынчылдыгын далилдөө үчүн мындан да чоң нерсе кыла алышат беле? Элчилер өздөрү жарыялаган сөздүн ырастыгын далилдеш үчүн өлүмдүн сыноосунан өтүштү. Менин көз карашым боюнча, алардын күбөлүктөрү мен бүгүнкү күндө кездештирген адамдардын күбөлүктөрүнө караганда көбүрөөк ишенүүгө татыктуу. Азыркы учурда көп адамдар өз сөздөрү, ишенимдери үчүн жанын кыймак түгүл, бул көчөдөн тиги көчөгө өтө алышпайт. 8-бөлүм. Өлүп калган Машайак кимге керек? Көптөгөн адамдар ишенген нерселери үчүн жандарын кыйган. 1960-жылдары көптөгөн буддисттер Түштүк-Чыгыш Азияда болуп жаткан адилетсиздиктерге дүйнөнүн көңүлүн бурдуруш үчүн, өздөрүн өрттөшкөн. 1970-жылдын башында Сан-Диеголук бир студент Вьетнамдагы согушка каршы болгонун билдирип, өзүн өрттөгөн. 2001-жылы сентябрда мусулмандык экстремисттер самолетту зордук менен басып алышып, өздөрүнүн дининин душманы деп эсептеген өлкөгө зыян келтирүү үчүн Бүт дүйнөлүк соода борбору болгон мунараны жана Пентагонду сүзүшкөн. Элчилер жакшы ишти кубаттап жатабыз деп эсептешкен, бирок алардын Устаты айкаш жыгачта өлүп калган кезде үрөйлөрү учкан жана көңүлдөрү чөккөн. Алар Аны — Машайак деп ишенишкен. Бирок Ал өлүп калат деп ойлошкон эмес. Алар Ыйсанын Кудай Падышачылыгын кура турганына жана Израилдин элин башкарат деп ишенишкен, ал эми Анын өлүмү алардын үмүтүн үздү. А сиз эмне деп ойлойсуз? Сиз качандыр-бир убакта ушундай Машайактын комплекси менен болгон адамдар жөнүндө уккансызбы? Бул эмнени билдире тургандыгын түшүндүрүп бере аласызбы? Ыйсанын жүрүш-турушу адамдар күткөн Машайактан кантип айырмаланган? Элчилердин Машайакка болгон мамилесин жана эмне үчүн Анын айкаш жыгачка кадалуусу алардын оюна келбегендигин түшүнүү үчүн, сиз еврей элинин Машайак учурунда Мессияга кандай мамиле кылгандыгын түшүнүшүңүз керек. Ыйсанын өмүрү жана окутуусу ошол учурдагы жүйүттөрдүн Машайакты түшүнүүсүнө абдан катуу каршы турган. Бала чагынан эле жүйүттөргө Машайак жеңүүчү саясий жол башчы, жетекчи болот деп окутушкан. Ал жүйүттөрдү римдиктердин колунан бошотот жана Израилди өзүнүн мыйзамдуу жерине көз карандысыз эл катары, бүт дүйнө үчүн жарык катары коет деп ишенишкен. Азап чеккен Машайак — «жүйүттөрдүн Машайак жөнүндөгү түшүнүгү үчүн таптакыр чоочун» образ.[127] Профессор Э. Ф. Скотт Машайактын убагында жашагандардын күтүүлөрү жөнүндө мындай деп айтат: Бул толкунданып күткөн убакыт эле. Диний башчылар кайсы жактан болбосун, келе турган Куткаруучуну күткөн элдин козголууларын араң басып турушкан. Бул күтүүлөр шексиз түрдө жакында эле болуп өткөн тарыхый окуялардан кийин күчөп баштаган. Римдиктердин бир нече мууну жүйүттөрдү кысымчылыкка алып келе жатышат, алардын кысымчылыгы патриоттук сезимдерди курчутту. Кереметтүү куткарылуу жана аны алып келе турган Падыша-Машайак жөнүндөгү кыялдар ошол кезде өзү жаңы болбосо да, жаңыча мааниге ээ болгон. Биз Жакшы кабарларда баамдагандай, бул толкундоонун артында абдан узакка болгон күтүү бар эле. Эл үчүн Машайак Ышайа жана анын замандаштары үчүн кандай болсо, Ошондой бойдон, жүйүт элине жеңишти жана гүлдөп өсүүнү алып келе турган Дөөттүн Уулу катары кала берген. Жакшы кабардын жарыгында карай турган болсок, Машайак жөнүндөгү эл алдындагы көрсөтмөлөр негизинен улуттук жана саясий болгондугуна шектенүү жок.[128] Жүйүт окумуштуусу Иосиф Клаузнер минтип жазат: «Машайак барган сайын чыгаан саясий жол башчы эле эмес, өзгөчө моралдык сапаты бар адам болуп калды».[129] Эл аралык жүйүттөр миссиясынын кеңешин негиздөөчүсү Якоб Гартенхаус Машайактын мезгилиндеги жүйүттөрдүн ишеними жөнүндө мындай дейт: «Жүйүттөр римдиктердин кулчулугунан бошото турган Машайакты күтүшкөн... Машайакты күтүүдөгү үмүт негизинен улуттун куткарылуусу менен байланышкан».[130] Жүйүттөрдүн энциклопедиясында мындай деп айтылган: жүйүттөр чет элдик баскынчылардын моюнтуругунан бошотуп, эки жүздүү римдиктердин бийлигин кыйратып, тынч жана адилет падышалыкты орното турган жакшылыктын ээсин Дөөтүн үйүнөн күтүшкөн. [131] Ыйса бардык жүйүттөр күткөндөй Дөөттүн Уулуна окшош эмес болчу, жада калса Өзүнүн шакирттерине да Машайак жөнүндөгү түшүнүктөрдү Аны менен байланыштырууга кыйын болгон. Ошол убакта жүйүттөр убадаланган Машайакты күтүшкөн. Элчилер аларды курчаган адамдардан бул нерседе айырмаланышкан эмес. Миллар Барроуз айтат: «Ыйса бардык жүйүттөр күткөндөй, Дөөттүн Уулуна окшош эмес болчу, Анын шакирттери да Машайак жөнүндөгү түшүнүктөрүн Аны менен байланыштыра албай, кыйналышкан».[132] Шакирттер Ыйсанын айкашкан жыгачка кадала тургандыгы жөнүндөгү алдын ала айткан сөзүн кабыл алышкан эмес (Лк. 9:22 караңыз). Шотландиялык Инжилди изилдөөчү А. Б. Брюс белгилегендей: Алар Ыйсаны абалды кайгыруу менен кабыл ала тургандай, Анын алдын ала айткандары негизсиздей деп үмүттөнүшкөн... айкаш жыгачка кадалган Машайак элчилер үчүн жаңжалдуу каршылык болгон; көпчүлүк жүйүт эли Теңир асман даңкына алынгандан кийин да, ошол пикирде кала беришкен.[133] Оксфорд университетинде качандыр-бир убакта Септуагинт жөнүндө лекция окуган Альфред Эдерсгейм адилеттүү түрдөгү төмөнкүдөй жыйынтыкка келген: «Машайакты Өзүнүн убагында эң жаман кабыл алышкан».[134] Эгер күтүү чындык менен дал келбесе, элдер аны кабыл алышы кыйын болот. Биз Инжилден элчилердин Машайакка болгон мамилесин эң жакшы көрө алабыз. Алар Анда болгон бардык нерсени өздөрү күтүп жаткан бийлик кыла турган Машайак менен байланыштырышкан. Андан кийин Ыйса Иерусалимге азап тартканы бара жатканын айтканда, Жакып менен Жакан Анын кайгыруу менен айтып жатканына көңүл бурушкан жок, алар Анын Падышачылыгында Анын оң жагына жана сол жагына отургузуусун суранышты (Мк. 10:32–38 караңыз). Алар кандай Машайак жөнүндө ойлонушту: азап чеге турган жана айкаш жыгачка кадала турганбы? Жок. Алар Ыйсаны саясий жол башчы катары элестетишкен. Ал аларга Анын тапшырмасын туура эмес түшүнгөндөрүн көрсөткөн; алар өздөрү эмнени сурап жатышкандарын билишкен эмес. Ал Өзүнүн азап чеге турганы жана айкаш жыгачка кадала тургандыгы жөнүндө ачык эле алдын ала айтса да, бул ой элчилер үчүн таптакыр чоочун болгондуктан, алар Аны түшүнө алышкан эмес (Лк. 18:31–34 караңыз). Өздөрүнүн тарбиясынын жана кеңири тараган машайактык күтүүнүн айынан шакирттер аларды кандайдыр-бир жакшы нерсе күтүп жатат деп ойлошкон. Бирок аларды Голгофа күтүп турган. Ыйса — алардын Машайагы болот деген үмүттөрүнүн баары талкаланды. Алар Ыйса менен бирге өткөргөн убактыларынын баары текке кетти деп ишенишип, үйлөрүнө кайтып келишти. А сиз эмне деп ойлойсуз? Сиз Ыйсаны башкача ойлоп жүргөн жок белеңиз, ал ойлор анан таркап кеткен жокпу? Же бекемделдиби? Кантип ойлойсуз, эмне үчүн шакирттерге Анын Ким экендигин түшүнүү кыйын болду? Фуллердик семинариянын Инжил боюнча профессору, доктор Джордж Элдон Лэдд мындай деп жазат: Мына эмне үчүн шакирттер Аны кармаган учурда, таштап коюп, качып кетишти. Алар душмандары баш ийип турган Жеңүүчү-Машайакка ушунчалык ишенишкен. Алар Анын сынганын, камчылап сабаган кезде төгүлгөн канын, Пилаттын колунда жардамы жок калган туткун болгонун, Аны алып барып, кадимки кылмышкердей кылып, айкаш жыгачка кадаганын көрүшкөндө, алардын Ыйсага болгон бардык үмүттөрүнүн таш-талканы чыкты. Далилденген психологиялык факт: биз эмнени укканга даяр болсок, ошону гана уга алабыз. Ыйсанын азап чегүүсү жана өлүмү тууралуу алдын ала айткандары шакирттер тарабынан кабыл алынган эмес. Анын эскертүүлөрүнө карабастан, шакирттер буга даяр болушкан эмес...[135] Жүйүттөрдүн улуттук патриотизми аларды Машайакты өз элинин куткарылышы үчүн күтүүгө түрткөн. Бирок Машайак бүткүл адамзатты күнөөнүн түбөлүк жазасынан куткаруу үчүн келген. Бирок айкаш жыгачка кадалгандан бир нече жума өткөндөн кийин, мурдагы шектенүүлөрүнө карабастан, шакирттер Иерусалимде Ыйсаны Куткаруучу, Теңир, жүйүттөрдүн Машайагы деп жарыя кылып, айта башташты. Бул өзгөрүүнү түшүндүрө турган жалгыз акыл-эстүү түшүндүрмөнү мен 1 Кор. 15:5 тен окуй алам: «Ал Кейфага, кийин он эки шакиртине көрүндү». Көңүлдөрү чөккөн шакирттерди башка эмне айкаш жыгачка кадалган Машайак үчүн азап чегүүгө жана өлүмгө барганга мажбур кыла алмак? Ыйса «Азап тартып өлгөндөн кийин, кырк күн ичинде аларга көрүнүп, Кудайдын Падышачылыгы жөнүндө айтып, Өзүнүн тирүү экендигин көптөгөн далилдер аркылуу көрсөттү» (Элч. Иш. 1:3). А сиз эмне деп ойлойсуз? Сиздин жашооңузда бирдемени күтүп, анан такыр сиз ойлобогондой бир нерсе болду беле? Кантип ойлойсуз, Ыйса — тирилген Машайак экенин түшүнүшкөн кезде шакирттер өздөрүн кандай сезишти? Бул адамдар Ыйсанын машайактыгы жөнүндөгү чындыкты билишти. Жүйүттөр Аны туура эмес түшүнүшкөн. Алардын улуттук патриотизми Машайакты өз элинин куткарылышы үчүн күтүүгө түрткөн. Бирок Машайак бүт дүйнө үчүн келди, бир эле улутту саясий кысымчылыктан эмес, бирок бүткүл адамзатты күнөөнүн түбөлүк жазасынан куткаруу үчүн келген. Алардын ою өтө эле кыска болгон. Кокусунан эле алар бүт чындыкты толугу менен көрүп калышты. Ооба, көп адамдар жакшы иштер үчүн өлүшкөн, бирок элчилердин жакшы иши айкаш жыгачта өлдү. Алар башында ушундай деп ойлошкон. Алардын Машайак менен тирилгенден кийинки жолугушуусу гана бул адамдарды Ал — чыныгы Машайак экендигине ишендирди. Бул жөнүндө алар сөздөрү жана жашоолору менен гана эмес, өздөрүнүн өлүмү менен да күбөлөндүрүштү. 9-бөлүм. Сиз Шабыл менен эмне болгонун уктуңуз беле? Менин Жек деген досум, машайакчы, көп университеттерде жолугушууларды өткөрчү, бир жолу ал эртең менен университеттердин бирине келсе, ал үчүн студенттер кечкиге «университеттин атеисти» менен болгон ачык диспутту уюштуруп коюшуптур. Анын каршылашы философия илими боюнча профессору, сөзмөр жана машайакчылыктын ачык душманы экен. Жек биринчи сүйлөөгө тийиш болду. Ал Ыйсанын кайра тирилгендигин далилдеген маалыматтарды жана элчи Пабылдын Ыйсага кайрылышы жөнүндө, андан кийин университеттин студенти болуп жүргөн кезинде, өзүнүн жеке жашоосун Машайак кантип өзгөрткөндүгүн күбөлөндүрүп айтып берген. Профессор сүйлөп баштаганда, ал ачык эле кыжырданып баштаган. Ал тирилүүнүн күбөлүгүн да, Жектин жеке күбөлүгүн да четке кага албагандыктан, элчи Пабылдын машайакчылыкка кайрылгандыгына каршы чыгып баштаган. Ал «адамдар каршы турган нерселерди далилдөөгө баш-оту менен кирип кетишет да, аягында алардын тарабында болуп калышат», — деп жарыялады. Менин досум сыйлоо менен жылмайып, сөз узатты: «Сиз да этият болуңуз, болбосо сиз да машайакчы болуп калышыңыз мүмкүн». Элчи Пабылдын тарыхы — машайакчылыктын тарыхындагы эң көрүнүктүү күбөлүктөрдүн бири. Тарстык Шабыл, алгачкы машайакчылыктын эң келишпес душманы, жаңы кыймылдын өтө энергиялуу, таасирдуу коргоочусуна, элчи Пабылга айланып калды.Пабыл кызганчаак жүйүт, диний жол башчы болгон. Ал Тарста төрөлгөн жана ошол убактагы эң мыкты билим алууга мүмкүнчүлүгү болгон. Тарс өзүнүн философиясы жана маданияты менен белгилүү болгон окумуштуулардын шаары эле. Грек географы Страбон Тарсты анын жашоочуларынын билимге жана философияга кызыккандыгы менен мактайт.[136] А сиз эмне деп ойлойсуз? Элчи Пабылдын Ыйса жөнүндөгү ою Аны менен жолуккандан кийин түп-тамырынан өзгөрдү. Ушундай өзгөрүүнү сиз жолуктурдуңуз беле? Аны өз башыңыздан өткөргөн жок белеңиз? Атасы сыяктуу эле Пабыл да Римдин атуулу болгондуктан, көп артыкчылыктарга ээ болгон. Ал эллиндердин маданияты жана ойлору менен жакшы тааныш болгон сыяктуу. Ал грек тилин мыкты билген жана укмуштуудай диалектикалык ыкмаларды көрсөтө алган. Ал көп учурда анчалык белгилүү болбогон акындардан жана философтордон мисал келтирген. Өзүнүн насаат сөздөрүнүн биринде Пабыл Епимениддин, Араттын, Клеанфтын ыр саптарынан мисал келтирет: «Анткени биз Ал аркылуу жашап жатабыз, Ал аркылуу кыймылдап жүрөбүз, Ал аркылуу бар болуп турабыз. Бул жөнүндө силердин кээ бир акындарыңар: “Биз Анын тукумубуз”, — дешкен» (Элч.иш. 17:28). Пабыл каттарында Менандрдан үзүндү келтирет: «Алданбагыла, акылсыз адамдар менен достошкон адам бузулат» (1 Кор. 15:33). Акыркы каттарынын бири болгон Титке жазган катында Пабыл дагы Епименидден мисал кылат: «Өздөрүнүн эле арасынан бирөө, алардын бир акыны: «Криттиктер дайыма калп айтышат, алар — ырайымсыз жырткычтар, жалкоо соргоктор», — деп айткан» (Тит. 1:12). Пабылдын билими жүйүттүк билим болгон, аны катуу фарисейлик окутууда тарбиялашкан. Он төрт жаш чамасында аны өз убагындагы улуу устаттардын бири болгон, Гиллелдин небереси, Гамалиелге окууга жөнөтүшкөн. Пабыл өзү жөнүндө бир гана фарисей эмес, фарисейдин уулу болгондугун бекемдеп айткан (Элч.иш. 23:6). Ал «ата-бабаларымдын салттарын өзгөчө кызганчаактык менен сактаганымдан улам, жүйүт динин тутууда өзүм менен тең чамалаш болгон уруулаштарымдын бир тобуна караганда, көбүрөөк ийгиликке жетишкенимди уккансыңар», — деп мактана алган (Гал.1:14). Пабылдын кайрылуусун түшүнүү үчүн эмнеге ал кызганыч менен машайакчылыкка каршы барганын тактап билүү керек. Анын жүйүттөрдүн мыйзамына берилгендигинин так өзү аны Машайакка жана алгачкы жыйынга жек көрүү менен караткан. Француз теологу Жак Дюпон минтип жазат: Пабылды машайакчылардын айтканындагы Ыйсанын Машайактыгы жөнүндөгү сөз эмес... а Ыйсага Куткаруучунун ролу берилип, мыйзамдын куткаруучу күчүнөн айрылгандыгы капа кылган... Пабыл машайакчылык ишенимге өтө каршы болгондугунун себеби — мыйзамга куткарылууда өтө маанилүү ролду бергендиги эле.[137] Британдык энциклопедияда “машайакчылык деп аталган жаңы жүйүттөрдүн сектасы Пабыл алган жүйүттүк тарбиянын жана устат болуу билиминин негизин жокко чыгарган” деп жазылат.[138] Бул сектаны жок кылуу анын күчтүү каалосу болуп калды (Гал.1:13). Ошентип, Пабыл бардык машайакчыларды өлтүргөнгө чейин куугунтуктоого чечим чыгарды (Элч.иш. 26:9–11). Ал максаттуу түрдө жыйынды талкалоого аракет кыла баштады (Элч.иш. 8:3 караңыз). Ал Дамаскка Ыйсанын шакирттерин кармап, аларды соттош үчүн укук берилген документтер менен жөнөдү. Мүчөлөрү өздөрүн машайакчы деп аташкан жаңы жүйүттөрдүн сектасы Пабыл алган жүйүттүк тарбиянын жана диний устат болуу билиминин негизин жокко чыгарган. Мына ушул жерде Пабыл менен бир окуя болуп кетти. Шабыл болсо мурункусундай эле Теңирдин шакирттерин коркутууну жана өлтүрүүнү каалап, башкы ыйык кызмат кылуучуга барды. Бул окутууну жолдогондордун кимисин тапса, ал эркек болобу, аял болобу, аны байлап, Иерусалимге алып келиш үчүн, Шабыл андан Дамасктагы синагогаларга кат жазып берүүсүн өтүндү. Ошентип, ал жолго чыгып, Дамаскка жакындап калганда, күтүлбөгөн жерден ага асмандан бир жарык түштү. Ал жерге жыгылды. Ошондо ал «Шабыл, Шабыл! Эмне үчүн Мени кубалап жатасың?» деген үндү укту. «Сен кимсиң, Теңир?» — деп сурады Шабыл. Теңир ага: «Сен кубалап жаткан Ыйсамын, — деп жооп берди. — Учтуу таякка каршы тура албайсың». Ал коркконунан титиреп, мындай деди: «Теңир! Мага эмне кылууну буюрасың?» Теңир ага: «Тургун да, шаарга баргын, ошондо сага эмне кылышың керек экендиги айтылат», — деди. Аны менен бирге бара жаткан адамдар үндү угуп, бирок эч кимди көрбөй, селдейип туруп калышты. Ордунан турган Шабыл көздөрү ачык болгонуна карабастан, эч кимди көргөн жок. Аны колунан жетелеп, Дамаскка алып келишти. Анын көзү үч күн көргөн жок, ал тамак да жеген жок. Дамаскта Анания деген бир шакирт бар эле. Теңир көрүнүш аркылуу ага: «Анания!» — деп кайрылды. Ал болсо: «Мен угуп жатам, Теңирим», — деп жооп берди. Ошондо Теңир ага мындай деди: «Тур, “Түз көчөсү” деп аталган көчөгө барып, Жүйүт деген кишинин үйүнөн Шабыл деген тарстык кишини сура. Ал азыр сыйынып жатат. Ал мындай көрүнүш көрдү: көрүнүштө анын жанына Анания деген адам келип, анын көздөрү кайрадан көрүш үчүн, үстүнө колдорун койду» (Элч.иш. 9:1–12). Андан ары карай окуган сайын сиз эмне үчүн машайакчылар Пабылдан корккондору жөнүндө түшүнө баштайсыз. Анания болсо Теңирге мындай деди: «Теңир! Мен анын Иерусалимде Сенин ыйыктарыңа канчалык жамандык кылгандыгын көп кишиден уккам. Бул жерде да ыйык кызмат кылуучулардан Сенин ысымыңды чакыргандардын бардыгын байлатууга уруксат алган». Бирок Теңир ага: «Баргын, анткени ал Менин тандаган идишим. Ал Мен жөнүндө элдердин, падышалардын жана Ысрайыл элинин алдында жарыялайт. Менин ысымым үчүн канчалык азап чегүүсү керек экендигин Мен ага көргөзөмүн», — деди. Анания барып, ошол үйгө кирди да, Шабылдын үстүнө колдорун коюп, мындай деди: «Бир тууганым Шабыл! Келе жаткан жолуңда өзүңө көрүнгөн Теңир Ыйса, көздөрүң кайрадан көрүшү үчүн, Ыйык Рухка толушуң үчүн, мени сага жиберди». Ошол замат анын көзүнөн чел түшүп калгандай болду. Анын көздөрү ачылып, көрө баштады. Ошондо ал ордунан туруп, сууга чөмүлдүрүлдү. Анан тамак жеп, кубаттанды. Шабыл бир нече күн Дамасктагы шакирттер менен болду (Элч.иш. 9:13–19). Ушул тажрыйбадан соң Пабыл өзүн тирилген Машайактын күбөсү деп эсептеп калды. Кийин ал мындай деп жазган: «Мен Теңирибиз Ыйса Машайакты көргөн эмес белем?» (1 Кор. 9:1). Ал Машайактын көрүнүшүн Анын тирилгенден кийин элчилерге көрүнгөнү менен салыштырган. «Акырында ай-күнүнө жетпей төрөлгөн балага окшогон мага да көрүндү» (1 Кор.15:8). Пабылга Ыйсанын жөн гана көрүнбөгөнү маалым болду, ал бул көрүнүшкө каршы тура албады. Ал Жакшы кабар тарата баштагандыгынын себеби — анын өзү ушул нерсени тандап алганында эмес эле, башкача жасай алган жок. «Жакшы Кабар таратып жаткандыгым менен мактана албайм, анткени бул менин милдетим. Эгерде Жакшы Кабар таратпасам, мага кайгы!» (1 Кор. 9:16) А сиз эмне деп ойлойсуз? Эмне үчүн Пабылдын кайрылышы ушундай болду, сиз кантип ойлойсуз? Пабылдын жашоосуна болгон Кудайдын ою анын өзүнүн планынан кантип айырмаланган? Пабылдын Ыйса менен болгон жолугушуусу жана анын кайрылышы күтүлбөгөн жерден болгондугуна көңүл бөлгүлө. «...Жолдо мындай окуя болду: чак түштө, Дамаскка жакын калганымда, күтүлбөгөн жерден асмандан бир чоң жарык түшүп, айланамды жаркыратты» (Элч.иш. 22:6). Ал асмандан кимдин кереметтүү үнү чыкканы жөнүндө түшүнүгү да жок эле. Ал үн Назареттик Ыйсаныкы экенин укканда, Пабыл апкаарып, өзүн жоготуп койду. Биз Дамаскка кетип бараткан жолдогу Пабыл менен эмне болгондугунун психологиялык жактан бардык майда-чүйдөсүн толугу менен билбейбиз, бирок биз төмөнкүнү: бул окуя анын жашоосун түп-тамырынан бери өзгөрткөнүн так билебиз. Биринчиден, Пабылдын мүнөзү кескин түрдө өзгөрүлдү. Британдык энциклопедияда Пабыл Ыйсага кайрылганга чейин чыдамы жок, жаалдуу, кекирейген, мүнөзү кырс, фанат адам деп сүрөттөлөт. Ал эми кайрылгандан кийин ал чыдамдуу, ак пейил, токтоо жана өзүн курман кылууга даяр адам катары сүрөттөлгөн.[139] Кеннет Скот Латуретт минтип жазат: «Пабылдын жашоосунда болгон окуя кандайдыр-бир деңгээлде ага таасири күчтүү болгонго жардам берди, бул терең жана өзгөртө турган диний тажрыйба болуп калды».[140] Экинчиден, Пабылдын Ыйсанын жолдоочуларына болгон мамилеси өзгөрдү. Алар эми андан коркпой калышты. «Шабыл бир нече күн Дамасктагы шакирттер менен болду» (Элч.иш. 9:19). Ал шакирттер менен кездешкенде, алар аны жакшы тосуп алышты (Элч.иш 9:27–28). Үчүнчүдөн, Пабылдын көз караштары да өзгөрдү. Ал жүйүт элин сүйгөнүн улантса да, машайакчылыктын өжөр душманынан анын чечкиндүү коргоочусу болуп калды. «Көп өтпөй эле, ал синагогаларда Ыйсанын Кудай Уулу экенин жарыялай баштады» (Элч.иш. 9:20). Анын интеллектуалдык көз караштары да өзгөрдү. Ал башынан кечирген окуя аны Ыйса — Машайак экендигин мойнуна алууга аргасыз кылды. Бул фарисейлердин Машайак жөнүндөгү ойлоруна каршы эле. Машайак жөнүндөгү жаңы түшүнүк Пабылдын ой-жүгүртүүсүндө толугу менен төңкөрүш жасады.[141] Жак Дюпондун айтканына караганда, Пабыл «айкаш жыгачка кадалган адам Машайак болушу мүмкүн эмес деп танган, эми Ыйса — чыныгы Машайак экендигин түшүндү, ошондуктан, бул анын Машайак жөнүндөгү бүт ойлорун өзгөрттү». Биз Дамаскка кетип бараткан жолдогу Пабыл менен эмне болгондугунун толук бардыгын билбегенибиз менен, төмөнкүнү: бул окуя анын жашоосун түп-тамырынан бери өзгөрткөнүн так билебиз. Ошондой эле Пабыл Кудайдын каары жана өмүрүнүн кайгылуу бүтүшү катары сезилген Машайактын айкаш жыгачта болгон өлүмү, чынында Кудайды дүйнө менен Машайак аркылуу элдештиргенин түшүнө алды. Айкаш жыгачка кадалганы аркылуу, Машайак биздин күнөөлөрүбүздүн каргышын Өзүнө алганын Пабыл түшүндү (Гал. 3:13,14) жана Кудай «Машайак аркылуу Өзүнүн алдында бизди адилеттүү кылыш үчүн, күнөөнү билбеген Машайакты биз үчүн күнөө кылды» (2 Кор.5:21) — дегенди түшүндү. Машайактын өлүмү Пабыл үчүн жеңилүү эмес, тирилүүнү толуктаган улуу жеңиш эле. Айкаш жыгач мүдүрүлтө турган таш эмес, Кудайдын Машайак аркылуу куткаруусунун маңызы болчу. Пабылдын миссионердик насааттарынын маңызын «Машайактын азап чегип өлүп, кайра тирилүүсү керек болгондугун аларга түшүндүрүп, далилдеди да: “Мен силерге жарыялап жаткан Ыйса — Ошол Машайактын Өзү″», — дегендин ачылышы жана далили катары түшүндүрсө болот (Элч.иш. 17:3). Төртүнчүдөн, Пабылдын аткарган ишинин багыты өзгөрдү. Бутпарастарды жек көрүүчүдөн ал бутпарастар үчүн болгон элчиге айланды. Жүйүт патриотунан башка элдер үчүн болгон жакшы кабарчыга айланды. Жүйүт жана фарисей катары Пабыл бутпарастарга жогорудан, Кудайдын тандалган эли менен салыштырганда, экинчи сорттогу адамдардай карачу. Дамаскка бараткан жолдогу тажрыйбасы аны жашоосу менен бутпарастарга жардам бере турган, берилген элчи кылды. Пабыл ага көрүнгөн Машайак бүт элдердин Куткаруучусу экенин көрдү. Машайактын өлүмү Пабыл үчүн жеңилүү эмес, тирилүүнү толуктаган улуу жеңиш эле. Айкаш жыгач мүдүрүлтө турган таш эмес, Кудайдын Машайак аркылуу куткаруусунун маңызы болчу. Катуу иудаизмдин салттарын сактаган такыбаа фарисей болгон менен, Пабыл өзү каршы чыккан, машайакчылык деп аталган жаңы, радикалдуу сектанын жайылтуучусу болуп калды[142]. Андагы болгон өзгөрүү ушунчалык күчтүү болгондуктан, «анын сөзүн уккандардын бардыгы: «Иерусалимде ушул ысымды чакыргандарды куугунтуктаган ушул киши эмес беле? Бул жерге да аларды байлап, башкы ыйык кызмат кылуучуларга алып барыш үчүн келбеди беле?» — деп таң калышты. Барган сайын ишеними бекемделген Шабыл болсо Ыйсаны Машайак деп далилдеп, Дамаскта жашаган жүйүттөрдүн баштарын маң кылды» (Элч.иш. 9:21–22). Тарыхчы Филипп Шафф мындай дейт: Пабылдын кайрылышы — анын жеке тарыхындагы өзгөрүү гана эмес, элчилердин жыйынында, бүткүл адамзаттын тарыхындагы маанилүү бурулуш болуп калды. Бул өзүнүн натыйжалары менен Элүүнчү күндөгү укмуштардан кийинки, машайакчылыкка жалпы жеңиш алып келген окуя болуп калды.[143] Хьюстон университетинде түштөнүү убагында бир студенттин жанына отуруп калдым. Биз машайакчылыкты талкуулап жаттык, ал бизде машайакчылыктын чындык экендигин жана Машайактын чынында болгондугун далилдеген тарыхый далилдер жок деп жарыялады. Мен андан эмне үчүн ушундай ойлой турганын сурадым. Ал тарыхты изилдеп окуган, окуу китептердин ичинен бири Римдин тарыхы жөнүндөгү китеп болгон, анда элчи Пабыл жана машайакчылык жөнүндө бөлүм бар эле. Ал бул бөлүмдү Тарстык Шабылдын өмүрү менен башталып, аягы элчи Пабылдын жашоосу менен бүткөндүгүн окуган. Бул китепте эки мезгилдин ортосунда эмне болгондугу жана ушунчалык кескин өзгөрүү эмне үчүн болгону белгисиз экени жазылган. Мен Элчилердин иштери китебин ачтым да, Пабылга тирилген Машайак кантип көрүнгөнүн түшүндүрүп бердим. Ошол учурда бул студент Пабылдын радикалдуу түрдө кайрылышынын эң логикалуу түшүндүрмөсү ушул экендигине ынанды. Бул жаш жигит үчүн баш айландырган фрагмент өз ордуна келип калды. Кийинчерээк ал да Машайакка ишенип калды. Квинстеги колледждин мурдагы директору Элиас Эндрюс мына буларга токтолот: Көпчүлүк адамдар “фарисейлердин фарисейинин” радикалдуу түрдө кайрылышы, ал кайрылган ишенимдин, ошондой эле, Машайактын улуу баалуулугунун жана өзгөчө абалынын чындык экендигинин эң ишеничтүү далили жана күчү деп эсептешет.[144] Абердин университетинин профессору Арчибальд Макбрайд Пабыл жөнүндө мындай деп жазат: «Анын жасаган эрдиктеринин жанында... Искендер Зулкайнардын жана Наполеондун жетишкендиктери чендебей калат».[145] Алгачкы жыйындын окумуштуусу Климент Александрийский Пабылды «жети жолу кишенге салынды; Жакшы Кабарды Чыгышта жана Батышта үгүттөдү; Батыштын чегине жетип, бийликтегилердин колунан азап чегип көз жумду», — деп сүрөттөйт.[146] Пабыл кайра-кайра кайталап, тирилген тирүү Ыйса анын жашоосун өзгөрткөнү жөнүндө айтат. Машайактын өлгөндөрдүн арасынан тирилгенине ушунчалык ишенгендиктен, ал да өз ишеними үчүн азап чегип өлдү. А сиз эмне деп ойлойсуз? Пабыл өз убагында белгилүү болгон — элдер аны таанышкан. Эгер бүгүнкү күндө белгилүү бир адам машайакчы болуп калса, элдер буга кандай карашат? Белгилүү машайакчылар өздөрүнүн жашоо образы аркылуу жоопкерчиликти алып жүрүшөбү? Оксфорддогу эки билимдүү дос, жазуучу Джилберт Уэст жана мамлекеттик ишмер лорд Джордж Литтлтон машайакчылык ишенимдин негизин талкалоону чечишкен. Уэст тирилүүнү жокко чыгарууга, ал эми Литтлтон болсо Тарстык Шабыл машайакчылыкка кайрылган эмес деп далилдөөгө киришишкен. Экөө тең тескери жыйынтыкка келишип, Ыйсанын кызганчаак жолдоочулары болуп калышты. Лорд Литтлтон мындай деп жазат: «Бир гана ыйык элчи Пабылдын кайрылуусун изилдей турган болсо, машайакчылык — Кудайдын берген ачылышы экендигинин далили боло алат».[147] Ал эгер Пабылдын жыйырма беш жылдык азап чегүүсү жана кызматы чындык болсо, анда анын Ыйсага ишенип калганы да чындык, анткени ал жасаган иштердин баары анын күтпөгөн жерден өзгөрүлгөн убагынан башталат. А эгер анын кайрылуусу реалдуу болсо, анда Ыйса Машайак өлгөндөрдүн арасынан тирилген, анткени Пабылдын ким болбосун жана эмне кылбасын, баарын тирилген Машайакты көргөнү менен түшүндүргөн. 10-бөлүм. Адил адам тирилиши мүмкүнбү? Уругвай университетинин бир студенти менден сурап калды: «Профессор Макдауэлл, эмне үчүн сиз машайакчылыкты жокко чыгара турган жол тапкан жоксуз?» Мен ага жооп бердим: «Бир эле жөнөкөй себептен. Мен Ыйса Машайактын тирилүүсү — реалдуу эмес тарыхый окуя дегенди далилдей алганым жок». Мен бул теманы изилдеп окушум үчүн 700 сааттан ашык убактымды жумшадым, анын негиздерин кылдаттык менен изилдедим, анан Ыйса Машайактын тирилүүсү — же адамзаттын тарыхында келе жаткан абдан күнөөлүү, жеткен арамзалык менен таңууланган калп, же тарыхтагы эң маанилүү факт деген жыйынтыкка келдим. Кайра тирилүү жөнүндөгү талаш-тартыш “машайакчылык мааниге ээби” деген философиялык суроону тарыхтын тармагына өткөрөт. Машайакчылыкта бекем тарыхый негиз барбы? Кайра тирилүүгө биз ишенишибиз үчүн күбөлүктөр жетиштүүбү? Бул суроо менен байланышкан бир нече маселелерге жана фактыларга токтололу: Назареттик Ыйса, Өзүн жүйүттөрдүн Ыйык Жазуусунда алдын ала айтылган Машайак деп атаган жүйүттөрдүн Пайгамбары камакка алынган, саясий кылмышкер катары соттолуп, айкаш жыгачка кадалган. Ал өлүп, жерге коюлгандан үч күндөн кийин аялдар мүрзөгө барышкан жана ал жерден денени табышкан эмес. Машайактын шакирттери Кудай Аны өлгөндөрдүн арасынан тирилткенин жана Ал асманга көтөрүлүп кеткенге чейин бир нече жолу келип, көрүнгөндүгүн айтышкан. Ыйса Машайактын тирилүүсү — же адамзаттын тарыхында келе жаткан абдан күнөөлүү, жеткен арамзалык менен таңууланган калп, же тарыхтагы эң маанилүү факт. Ушул негизде машайакчылык Рим империясынын бүткүл аймагында жайылган жана кийинки бүт кылымдарда дүйнөгө зор таасир калтырып келди. Мына маанилүү суроо: чындап эле Ыйса тирилгенби? Ыйсанын өлүмү жана мүрзөгө коюлушу Ыйсаны өлүмгө өкүм чыгарган кезде, Андан кийимин чечип алышкан жана айкаш жыгачка кадагандан мурун римдиктердин салты боюнча, уруп-сабашкан. Майамидеги университеттен доктурдун дипломун алган жана Англиядагы Бристоль университетинен инженердин дипломуна ээ болгон Александр Метерелл Машайактын римдиктер аркылуу сабалышын майда-чүйдөсүнө чейин изилдеген. Ал мунун кандай болгондугун мындай деп түшүндүрөт: Аскерлер кайыштан токулган, учтарында металл топтор кадалган камчыларды колдонушкан. Камчы менен денени сабаган кезде бул топтор ооруткан, канталап көгөрткөн, ал эми кайталап ошол жерге урганда, алар ачык жараатка айланышы мүмкүн эле. Камчыга ошондой эле денеге кирип кете турган сөөктүн сыныктарын кошо өрүп коюшкан. Көбүнчө сабалып жаткан адамдын далысы терең кесилип кеткен. Камчы далыдан тартып төмөн көздөй, бутуна чейин урган. Бул үрөй учурарлык болгон. Римдик сабоону изилдеген бир дарыгер мындай деген: «Эгер сабаган убакыт узакка созула турган болсо, булчуңга чейин тийген жана кан аккан дененин үзүктөрү тасма сымал салаңдап калган». III кылымдын тарыхчысы Евсевий мындай деп сүрөттөгөн: «Азап чегип жаткан адамдын көк кан тамырлары ачылып калган, ошондой эле анын булчуңдары, тарамыштары, ички органдары көрүнүп калган». Биз көп адамдардын айкаш жыгачка жетпей, сабаган кезде эле өлүп калгандарын билебиз. Курмандык абдан катуу ооруну сезиши жана күчтүү психалык шок алышы керек болгон.[148] А сиз эмне деп ойлойсуз? Сиз Ыйсанын өлүмү жана кайра тирилүүсү жөнүндө фильмди көрдүңүзбү, мисалы, “Машайактын азап чегүүсү”? Машайактын азап чеккенин жана айкаш жыгачка кадалганын көргөнүңүздө, эмне жөнүндө ойлодуңуз? Кантип ойлойсуз, Ал ушуга татыктуу беле? Эгер уруп-сабагандын ушунчалык катаалдыгын, ошондой эле андан кийинки айкаш жыгачка кадалууну эске ала турган болсок, Ыйсанын өлүмүн далилденген тарыхый факт катары эсептөөгө болот. Ал турган 1990-жылдардын орто ченинде популярдуу болгон радикалдуу «Ыйса жөнүндөгү семинар» да Ыйсанын өлүмүн кабыл алышкан. Мына ошондуктан Джон Доминик Кроссен: Ыйсанын айкаш жыгачтагы өлүмү «тарыхый окуя канчалык күмөнсүз болсо, анын өлүмү да ушунчалык күмөнсүз» деп айткан[149]. Жүйүттөрдүн денени көргө коюу салты боюнча Ыйсанын денеси кепинге оролгон. Денени орогон кезде 45 килограммга жакын кепинге сиңе турган жыпар жыттуу заттар менен аралашкан илешчээк нерсени колдонушкан (Жкн.19:39–40 караңыз). Андан кийин аскада оюлган мүрзөгө коюшкан, кире беришин эки тоннага жакын салмактагы таш менен жабышкан, аны ал жерге рычагдын жардамы менен тоголотуп келишкен (Мт. 27:60 караңыз). Мүрзөнү кайтарууга өзгөчө тартипти сактоого жөндөмдүү болгон римдик аскерлер коюлган. Бул адамдар жазадан коркушкан, ошондуктан «өздөрүнүн милдетин өзгөчө түнкү кароолдо турганда, ушунчалык тактыкта аткарууга аракет кылышкан».[150] Мүрзөнү Римдин бийлигинин белгиси болгон римдик мөөр менен мөөрлөп коюшкан.[151] Мөөр вандализмди (талкалап кирип кетүүнү — Кот.эскер.) алдын алгандыктан, коюлган. Ким эшиктин оозунан ташты жылдыргысы келсе мөөрдү бузушу керек болгон жана өзүнө римдиктердин мыйзамы боюнча, тийиштүү жаза алышы керек эле. Бош калган мүрзө Ыйсанын жолдоочулары Анын өлгөндөрдүн арасынан тирилгенин жарыялашкан. Аларга Ал кырк күн ичинде көрүнгөнүн жана көптөгөн «ишенимдүү далилдерди» келтиргенин маалымдашты (мисалы, Элч.иш. 1:3 караңыз). Элчи Пабыл Ыйса бир жолу 500дөн ашуун топтолгон Өзүнүн жолдоочуларына көрүнгөндүгү жөнүндө айтат, ошол кезде алардын көпчүлүгү тирүү болгон, Анын айткан сөздөрүн далилдеп бере алышмак (1 Кор. 15:3–8). Кентебердик архиепископ Артур Майкл Рэмси мындай деп жазган: «Мен тирилүүгө ишенгенимдин себеби мында, эгер ал болгон эмес болсо, анда бир нече фактылар да болмок эмес».[152] Бош калган мүрзө «аны жокко чыгарууга болбой турган абдан белгилүү факт» болгон.[153] Немец теологу Поль Альтхаус айтат: «эгер мүрзөнүн бош калышы факт эмес болсо, тирилүү жөнүндөгү айткан сөздөргө Иерусалимде бир күнгө да, бир саатка да ишенишмек эмес».[154] Пол Л.Майер мындай деп жыйынтык чыгарат: Эгерде болгон далилдердин баарын тыкандык жана тактык менен салмактап көрө турган болсо, тарыхый изилдөөлөрдүн мыйзамына ылайык мындай деген тыянакка келсе болот: Ыйса коюлган мүрзө чындыгында пасахтын биринчи күнү эртең менен бош болчу. Адабий булактарда, эпиграфтарда жана археологияда бул фактыны жокко чыгара турган эч нерсе жок.[155] Бош калган мүрзөнү биз кантип түшүндүрө алабыз? Машайакчылар орундуу тарыхый далилдердин негизинде Ыйса Кудайдын кудуреттүү күчүнүн жардамы менен реалдуу түрдө денеде тирилген деп ишенишет. Бул нерсеге ишенүү кыйын чыгаар, бирок эгер буга ишенбей турган болсок, анда мындан да олуттуу маселе пайда болот. Тирилүүдөн кийин мүрзөнүн абалы кандай болгондугу маанилүү. Римдик мөөр талкаланган, бул — талкалаган адам айкаш жыгачка кадалат дегенди билдирет. Ушундай оор салмактагы таш жөн эле жылып калган эмес, аны бирөө ордунан так көтөрүп, алып койгон.[156] Күзөттө тургандар качып кетишкен. Чыгыш римдик империянын императору Юстиниан өзүнүн кодексинде, 49:16, римдик күзөтчүлөрдү жазалоого татыктуу кылган он сегиз кылмыштын түрлөрүн санайт. Алардын арасында — күзөттө отуруп уктап калуу жана күзөттөн өз алдынча кетип калуу да болгон. А сиз эмне деп ойлойсуз? Сизден башка да адамдардын тобу катышкан окуянын күбөсү болгон учур болду беле? Ал жөнүндө баарыңар бирдей айткансыңарбы? Эмне үчүн бир эле нерсени айтууда ар кайсы адамдын айткандары айырмаланып турат? Аялдар мүрзөгө келген кезде анын бош экенин көрүштү. Алар коркуп кетишти жана бул жөнүндө эркектерге айтып берүү үчүн чуркап кетишти. Петир менен Жакан мүрзөгө чуркап келишти. Жакан биринчи келди, бирок мүрзөгө кирген жок. Ал ички жакка карап, бош калган оролгон кепинди көрдү. Машайактын денеси жаңы жашоону улантуу үчүн аны калтырып кеткен. Келгиле, моюнга алалы: мындай нерсени көргөн ар бир адам ишенүүчү болуп калат. Кайра тирилүүнүн альтернативдик теориялары Көп адамдар кайра тирилүүнү түшүндүрүү үчүн альтернативдик теорияларды сунуш кылышат, бирок алар машайакчылардын айткандары менен салыштырганда өтө дурус эмес жана логикага туура келбейт, ошондуктан мындай айтылгандардын далили жоктугу кайра тирилүүгө ишенүүгө мажбурлайт. Башка мүрзөбү? Кирсопп Лэйк сунуш кылган теорияда дененин жоктугун айткан аялдар башка мүрзөгө келип алышкандыр деп божомолдойт. Бирок, мындай учурда алардын сөздөрүн текшерүү үчүн келген шакирттер да мүрзөдөн адашып калышты. Биз жүйүттөрдүн бийликтеринин талабы боюнча денени уурдап кетпестиги үчүн коюлган күзөт жаңылбашы керек деп ишенебиз. Ал жерде турган римдик аскерлер да жаңылбаса керек. Машайакчылар орундуу тарыхый далилдердин негизинде Ыйса Кудайдын кудуреттүү күчүнүн жардамы менен реалдуу түрдө денеде тирилген деп ишенишет. Бул нерсеге ишенүү кыйын чыгаар, бирок эгер буга ишенбей турган болсок, анда мындан да олуттуу маселе пайда болот. Эгер шакирттер мүрзөдөн адашып калышкан болсо, жүйүттүк бийликтегилер Анын денесин «туура» мүрзөдөн алып чыгып көрсөтүшмөк, ошону менен тирилүү жөнүндөгү ушак сөздөр толугу менен токтомок. Галлюцинациябы? Дагы бир түшүндүрүүгө аракет кылгандар, тирилгенден кийин Өз шакирттерине Ыйсанын көрүнүшү жөн гана элестетүүлөр же галлюцинация болушу мүмкүн дешет. Бул теория галлюцинация менен башкарган психологиялык мыйзамдарга каршы турат. Кырк күндүн ичинде беш жүз адамга бирдей галлюцинация көрүнүшү мүмкүн эмес. Галлюцинация теориясы тарыхый абалга жана элчилердин акыл-эс жагынан болгон абалына да дал келбейт. Ыйсанын денеси кайда эле, эмне үчүн машайакчылыктын душмандары аны көрсөтүшкөн жок? Эстен танып калуубу? XIX кылымдагы немец кайтаруучу-рационалист Карл Вентурини бир нече кылым мурда жана кээде бизге бүгүнкү күндө да сунуш кылынган эстен тануу теориясын жарыялаган. Ал чынында Ыйса өлгөн эмес; Ыйса кыйналгандыктан жана канын көп жоготкондуктан, эсин жоготуп койгон деп айтат. Бардыгы Ал өлдү деп ойлошкон, бирок Ал кийинчерээк өзүнө келген, ал эми шакирттери болсо Аны тирилди деп ойлошкон. Немец теологу Давид Фридрих Штраусс, өзү тирилүүгө ишенбесе да, Ыйса эстен танып калып, анан өзүнө келди деген ойду жокко чыгарат: Жарым жан болуп мүрзөгө коюлган, алсыз, араң жан, дарылоого, таңууга, жардамга, боорукердикке муктаж адам мүрзөдөн чыгып, шакирттерине өлүмдү жана мүрзөнү Жеңүүчү катары көрүнүшү мүмкүн эмес. Жашоонун төрөсү кийинчерээк алардын кызматынын негизи болуп калган образ калтырды. Мындай «тирилүү» Ал аларга тирүү кезинде жана өлгөндө калтырган таасирин алсыздантмак; эң мыкты болгон учурда, алар муну кайгыруу менен айтышмак, бирок бул алардын кайгысын энтузиазмга, алардын сыйлоосун — табынууга айландырмак эмес.[157] Анын денесин уурдап кетишти? Дагы бир теория — шакирттер Ыйсанын денесин күзөтчүлөр уктап жатканда уурдап кетишти деп айтат. Буга каршы болгон эң орчундуу себеп — шакирттеринин чарчагандыгы жана коркоктугу. Биз алардын кокусунан эр жүрөк болуп, ушундай кайраттуу болуп кетип, мүрзөнүн жанында күзөттө турган тандалган аскерлердин катышуусуна карабай, денени уурдап кетти деп элестете алабызбы? Алар буга окшогон эрдик жасай турган абалда эмес болчу. Дж. Н. Д. Андерсон шакирттер Машайактын денесин уурдап кетиши мүмкүн дегенди карап көрүп, мындай деген: Бул биздин алар жөнүндө билгендерибиздин баарына: алардын этикалык окутуусуна, алардын жашоо принциптерине, алардын азап чегүүнүн жана куугунтуктун алдында бекем тургандыгына каршы келет. Бул ошондой эле алардын четке кагылган жана кайгырган качкындардан эч кандай оппозиция унчукпай калууга мажбурлай албаган күбөлөргө айлануусун да түшүндүрө алмак эмес.[158] Бийликтегилер денени бекитип коюшкан? Дагы бир теория — римдик же жүйүт бийликтегилери Машайактын денесин мүрзөдөн алып коюшкан деп айтат. Бул түшүндүрмө шакирттер уурдап кетти дегенге караганда, бир кыйла акылдуураак десе болот. Бирок, эгер дене бийликтегилерде болсо же алар анын кайда экендигин билишсе, эмне үчүн алар шакирттер Иерусалимде тирилүү жөнүндө насаат сөз айткан кезде, денени алып чыгып, бул нерсеге чекит коюшкан жок? Эгер бийликтегилер денени алып кетишкен болсо, эмне үчүн алар аны кайда койгондугун айтышкан жок? Эмне үчүн алар денени алып чыгып, аны арабага салып, Иерусалимдин көчөлөрүн аралатып өткөрүшкөн жок? Бул толугу менен машайакчылыкты жок кылмак. Эгер бийликтегилер денени алып кетишкен болсо, эмне үчүн алар денени алып чыгып, аны арабага салып, Иерусалимдин көчөлөрүн аралатып өткөрүшкөн жок? Бул толугу менен машайакчылыкты жок кылмак. Доктор Джон Уорвик Монтгомери мындай деп белгилейт: Алгачкы машайакчылар мындай тамсилди ойлоп таап, Ыйсанын денесин көрсөтүп, ошол замат четке кага тургандардын арасында сөз айтып жүрө алышмак эмес.[159] Дене башка жакка кайрадан көмүлгөн? Джеффри Джей Лоудер Өзүнүн «Бош калган мүрзө» деген китебинде кызыктуу гипотезаны сүрөттөйт, ал төмөнкүдөй: Ыйсанын денеси Ариматаялык Жусуптун мүрзөсүнө жума күнү кечинде убактылуу эле коюлган, андан кийин башка мүрзөгө которулган.[160] Ыйсанын мүрзөсү Ал тирилип кеткендиктен бош калган жок, а башка мүрзөгө которуп койгондуктан, бош калды. Башкача айтканда, шакирттер Ал тирилди деп адашып калышкан. Бул гипотеза Интернетте жетиштүү түрдө таралган. «Башка жакка которулуп көмүлгөн» гипотезасы мындай нерсе байыркы Палестинада болгондугу менен далилденет. Бирок жүйүттөрдүн кайра башка жакка көмүүсү бул теорияда келтирилген принцип боюнча болгон эместигин белгилеп кетүү маанилүү. Жүйүттөрдө өлгөн адамдын денесин бир жылга көмүшкөн, андан кийин дене ажырап, сөөктөр гана калганда, алар аны оссуарийге (өлгөндөрдүн сөөктөрү коюла турган жери — Кот.эскер.) которушкан. Ыйсанын кайра башка жерге которулуп, көмүлүү маселесинде библиялык жана андан сырткары болгон булактарда да эч кандай тарыхый далили жок. Инжилдеги Жакшы кабарлардын биринде да Ыйсанын денесин которуп көмгөнү жөнүндө айтылбайт. Мк. 16:6 жазылган мүрзөнүн жанында турган жаш жигиттин: «Ал тирилди, Ал бул жерде жок», деп айтканы — бул ойду жокко чыгарат. Бул теория менен байланыштуу дагы бир көйгөй бар. Доктор Майкл Лайкона мындай деп белгилейт: Эгер бул кайрадан башка жакка көмүлдү деген теория чындык болсо, ал бош калган мүрзөнү гана түшүндүрө алмак. Кызыктуу, бош калган мүрзө шакирттерди, Жакандан башкасын, Ыйса өлгөндөн тирилген деп ынандыра алмак эмес. Аларды Ыйсанын аларга көрүнүшү ишендирди, бул көрүнүштү которуп көмүү теориясы түшүндүрө алмак эмес. [161] А сиз эмне деп ойлойсуз? Ыйсанын тирилүүсүндө ишенимдин башка табигый себептерин сунуштай аласызбы? Алардын жок дегенде бирөөсү бизге белгилүү болгон фактыларды тирилүү фактысына караганда мыктыраак түшүндүрүп бере алабы? Эгер Ыйсанын денеси жөн гана кайра башка жакка которулуп көмүлгөн болсо, анда эмне үчүн бул жөнүндө билгендердин бирөө-жарымы шакирттер тирилүүнү жарыялап жаткан мезгилде көрсөткөн жок? Эмне үчүн бийликтегилер денени алып чыгып, машайакчылык кыймылды токтотуп коюшкан жок? Кээ бирлер Ыйсанын денеси таанылгыс болуп калган деп айтышат, бирок, Палестинанын климатын эске ала турган болсок, дене бир нече узак убакытка чейин тааныла турган абалда калмак.[162] Диний ырым-жырымды туурообу? «Машайакчылыкта оригиналдуу эч нерсе жок» — азыркы сынчылардын арасында кеңири таралган көз караш. XIX–XX кылымдын аягында көптөгөн окумуштуулар машайакчылыктын негизги абалы грек-римдик ырым-жырымдар менен ич ара байланышта болгонуна ишенишкен. Ыйса алар үчүн «өлүп жана кайра тириле турган» Осирис, Митра, Адонис жана Дионистин салтындагы кезектеги кудайлардын бири болгон. Бул теория Интернетте жана популярдуу адабиятта абдан кеңири таралган теория болгонуна карабастан, азыркы замандын окумуштуулары аны четке кагышат. Мына ушул үчүн Ыйсанын тарыхы менен мистериянын ортосундагы параллелдер биринчи караганда таң калтыра тургандай сезилгени менен, кылдаттык менен изилдеген кезде, айырманы байкоого болот. Мисалы, көпчүлүк адамдар Осиристи Байыркы Мисирдин өлүп жана кайра тирилген кудайы деп эсептешет. Мифте жазылгандай, Осирис Сет тарабынан өлтүрүлүп, Исида аркылуу тирилтилген. Бирок, тирилген денеде дүйнөгө кайтып келгендин ордуна, Осирис — аркы дүйнөдө падыша болуп калган — муну Ыйсанын тарыхый тирилүүсү менен параллель деп эсептөөгө болбойт. Мына ошондуктан «Ыйса жөнүндө уламыш» китебинин авторлору Пол Родес Эдди жана Грег Бойд мындай жыйынтыкка келишет: «машайакчылык менен мистериалдык диндердин ортосундагы айырмасы окшоштуктарга караганда өтө олуттуу. Алгачкы машайакчылыкта жана мистериалдык диндерде параллелдүү терминдердин болгону шексиз экенине карабастан, аларда параллелдүү түшүнүктөр аз».[163] Ыйсанын тарыхынан айырмаланып, мистериалдык диндердин тарыхы эч кандай далилдерге ээ эмес. Назареттик Ыйса тамак жеген, уктаган, кереметтерди жасаган, өлгөн жана тирилген. Бул далилденген тарыхый окуялар менен бекемделет. Мистериалдык диндердин өлүп, кайра тирилген кудайлары — ар бир жылы жыл алмашкан мезгилде кайталана турган, түбөлүктүү мифтердин каармандары. Жакында эле Лунда университетинин профессору Т. Н. Д. Меттингер өлгөн жана тирилген кудайлар жөнүндө трактат жазды. Өзүнүн «Тирилүүнүн табышмагында» Меттингер Байыркы дүйнөдө өлган жана тирилген кудайлар жөнүндө мифтердин болгондугун бекемдеп айтат. Бирок анын чыгарган корутундусу — машайакчылык — мифтердин бири деген теориянын эшигине мык уруп, бекитет: Мага белгилүү болгондой, Ыйсанын өлүмү жана тирилүүсү — курчаган чөйрөдөгү өлүп, кайра тирилген кудайлардын мифтерине жана салттарына негизделген мифологиялык көрүнүш деген сөздүн эч кандай далили жок. Эгер жүйүттөрдүн тирилүү жөнүндөгү ишенимдерин көңүл коюп, изилдей турган болсо, анда Ыйсанын өлүмүнө жана тирилгенине болгон ишеним диний тарыхта өзгөчө бойдон кала берет. Табышмак дагы да чечилген жок.[164] Кайра тирилүүнүн пайдасына чечилген далилдер Белгилүү болгон үч томдуу «Римдин тарыхы» китебинин автору, Оксфорддогу азыркы тарых кафедрасынын башчысы, профессор Томас Арнольд тарыхый фактыларды далилдөө үчүн күбөлүктөрдү кантип колдонуу керектигин жакшы билет. Ал айтат: Мен көп жыл бою башка убакыттын тарыхын изилдеп келем, күбөлөрдүн жазган күбөлүктөрүн изилдеп, таразалаганга көнүп калдым, мен адамзаттын тарыхында ушунчалык толук жана көп сандаган күбөлүктөр менен далилденген, Машайак өлүп, өлгөндөрдүн арасынан кайра тирилген учурда Кудай бизге берген улуу жышаан болгондон башка бир да фактыны билбейм.[165] Кембридж университетинин профессору, англиялык окумуштуу Брук Фосс мындай деген: Эгер бардык күбөлүктөрдү эске албай турган болсок, биз толугу менен бир да тарыхый окуя Машайактын тирилүүсүндөй мыкты жана ар тараптан далилденген эмес деп айта алабыз. Эгер ага алдын ала каршы болуп даярданып алсаң гана, жалган деп эсептегенге болот.[166] Доктор Уильям Лэйн Крейг: «эгер сиз тарыхый далилдердин стандарттык эрежесин колдоно турган болсоңуз, анда фактыларды мыкты түшүндүрүү — бул Кудай өлгөндөрдүн арасынан Ыйсаны тирилткени», — деген жыйынтыкка келет.[167] Саймон Гринлиф Американын алдыңкы юристтеринин бири болгон. Ал Гарвард университетин мыйзам боюнча белгилүү профессору болгон жана ошол эле университетте Джастис Джозеф Сторинин ордуна декан болгон. Гринлиф Гарварддагы мыйзамдын профессору болуп турган кезде Машайактын тирилүүсү жөнүндөгү элчилердин күбөлүктөрүнүн юридикалык жактан баалуулугун түшүндүргөн китеп жазган. Ал элчилер «эгер Ыйса чынында өлгөндөрдүн арасынан тирилген эмес болсо, алар бул факт жөнүндө башка реалдуу фактылар сыяктуу эле билишмек эмес, алар өжөрлүк менен айтып бере алышмак эмес».[168] Гринлиф Машайактын тирилиши — сотто колдонулган юридикалык далилдердин мыйзамына ылайык, тарыхтагы эң далилдүү окуялардын бири деген жыйынтыкка келген. Элчилер «эгер Ыйса чынында өлгөндөн тирилбесе, өжөрлөнүп, өздөрү айткан нерсени айта алышмак эмес». Лайонел Лакху мырзаны көпчүлүк адамдар дүйнөдөгү эң мыкты адвокат деп эсептешет — ал 245 адам өлтүргөндөргө ырайым алып берүүгө жетишишкен. Бул өтө жакшы юрист кылдат болуп, Машайактын тирилиши менен байланышкан тарыхый фактыларды изилдеген, анан аягында жыйынтык чыгарган: «Эгер мен: Ыйса Машайактын тирилүүсүнүн пайдасына болгон күбөлүктөр өтө орчундуу, ошондуктан шектенүүгө эч кандай орун калбайт деп айта турган болсом жаңылбайм».[169] Дагы бир британдык юрист Фрэнк Морисон тирилүүнүн далилдерин жокко чыгарууга аракет кылып көргөн. Ал Ыйсанын өмүрү эң сонун болгон деп эсептейт, бирок, сөз тирилүүгө келгенде ал муну миф деп ойлогон. Ал Ыйсанын өмүрүнүн акыркы күндөрүн сүрөттөп жазууну пландаштырган. Тирилүүнү четке кагууга аракет кылган. Ал бул окуяга акыл-эстүү, рационалдуу кароо толугу менен мындай окуяларды токтотууга жардам берет деп чечти. Бирок, ал фактыларды юристтин көз карашы менен карай баштап, оюн өзгөрттү. Тирилүүнү жокко чыгаруунун ордуна, ал «Ташты ким жылдырды?» деген бестселлерди жазды. Биринчи бөлүмдү: «Жазылууну каалабаган китеп» деп атады. Калган бөлүмдөрдө ал Машайактын тирилүүсүнүн пайдасына чечилген далилдердин баалулугун чечкиндүү түрдө кубаттайт.[170] Джордж Элдон Лэдд мындай деп жыйынтыктайт: «Бул тарыхый фактылардын жалгыз акыл-эстүү түшүндүрмөсү — Кудай Ыйсаны денеде кайра тирилткенинде».[171] Бүгүнкү күндө Ыйса Машайакка ишенген адам, анын ишеними мифке же уламышка эмес, тирилген Машайак жана бош калган мүрзө жөнүндөгү далилденген тарыхый фактыларга негизделгендиктен, толугу менен алгачкы машайакчылардай эле ишене алат. Либерти университетинде философия жана теология факультетинин деканы, чыгаан профессор Гэри Хабермас «Ыйса өлгөндөн кайра тирилгенби?» деген темада философ-атеист Энтони Флю менен талашкан. Талаш-тартыш боюнча чечим чыгарууну суранган калыс адам жыйынтык чыгарган: Тарыхый далилдер кемчиликсиз болбосо да, чынында: Машайак өлгөндөн тирилген деп жыйынтык чыгаруу үчүн жетиштүү түрдө салмактуу... Хабермас тирилүүнүн тарыхый түрдө болгондугунун «чындыкка жакын болгон далилдерди» сунуш кылат, бул учурда ага каршы болгон канааттандырарлык далилдер жок.[172] А сиз эмне деп ойлойсуз? Бүгүнкү күндө сиз үчүн 2000 жыл мурун Ыйса өлгөндөрдөн тирилгендиги жөнүндөгү факт актуалдуубу? Эгер ошондой болсо, анда эмне үчүн? Эң маанилүүсү — бүгүнкү күндө ар бир ишенүүчү өз жашоосунда тирилген Машайактын күчүн сезиши. Эң алгач ал анын күнөөсү кечирилгенин биле алат (Лк. 24:46–47; 1 Кор. 15:3 караңыз). Экинчиден, ал аны түбөлүк өмүр күтүп жатканын жана ал өлгөндөн тирилгенин билет. (1 Кор. 15:19–26 караңыз). Үчүнчүдөн, ал маңызсыз жана курулай өткөргөн жашоосунан бошонуп, Ыйса Машайакта жаңы адам болуп, өзгөрүлөт (Жкн. 10:10; 2 Кор.5:17 караңыз). Сиздин оюңуз жана чечимиңиз кандай? Бош калган мүрзө жөнүндө сиз эмне деп ойлойсуз? Далилдерди соттук көз караш менен изилдегенден кийин, Англиянын мурдагы жогорку соту, лорд Дарлинг: «ушунчалык көп талашсыз күбөлүктөр, далилдей турган же жокко чыгара турган, факты боюнча дал келген же кыйыр түрдөгү күбөлүктөргө ээ болуп, дүйнөдөгү бир да акыл-эстүү сот тирилүү жөнүндөгү окуя чындык экендигин айтпай кое албайт».[173] 11-бөлүм. Чыныгы Машайак кандай болушу керек? Адамдар Ыйсанын Ал — Машайак жана Кудайдын Уулу деп атйкан сөздөрүнүн далилдери жөнүндө айтышканда, көп учурда алар бир кыйла маанилүү болгон бир нерсени: Анын жашоосунда көптөгөн байыркы пайгамбарчылыктар орундалганын унутуп коюшат. Бул бөлүмдө ушул кереметтүү фактыга көңүл бурабыз. Өзүнүн айткандарын далилдөө үчүн Ыйса кайра-кайра Эски Осуяттын пайгамбарчылыктарына кайрылган. Галаттыктарга жазылган катта (4:4) айтылган: «Бирок өз убагы келгенде, Кудай Өз Уулун жиберди. Ал аялдан төрөлдү, мыйзамга баш ийди». Биз бул жерде Ыйса Машайакта орундалган пайгамбарчылыктардын аткарылышын көрө алабыз. «Анан аларга «Тоорат», «Пайгамбарлар» жана «Жазмалар» китептеринде Өзү тууралуу айтылгандардын баарын түшүндүрүп берди» (Лк. 24:27). Ыйса айткан: «Силер менен бирге жүргөнүмдө, Мен силерге “Тоорат”, “Пайгамбарлар” жана “Забур” китептеринде Мен тууралуу жазылгандардын бардыгы орундалышы керек деп айтпадым беле» (Лк. 24:44). Дагы Ал айткан: «Эгерде Мусага ишенсеңер, Мага да ишенмексиңер, анткени ал Мен жөнүндө жазып кеткен» (Жкн. 5:46). Анан дагы: «Атаңар Ыбрайым Менин күнүмдү көрөм деп кубанган жана көрүп кубанды» (Жкн. 8:56). Элчилер жана Инжилдин авторлору дайыма Ыйсанын Ал — Кудайдын Уулу, Куткаруучу жана Машайак деп айткандарын далилдөө менен аткарылган пайгамбарчылыктарга кайрылышат. «Кудай болсо Өзүнүн бардык пайгамбарлары аркылуу Машайактын азап тартары жөнүндө алдын ала кандай айтса, ошондой ишке ашырды» (Элч.иш. 3:18). «Пабыл адаттагысындай эле алардын синагогасына кирип, үч ишемби катары менен аларды Ыйык Жазуунун негизинде окутту. Машайактын азап чегип өлүп, кайра тирилүүсү керек болгондугун аларга түшүндүрүп, далилдеди да: «Мен силерге жарыялап жаткан Ыйса — Ошол Машайактын Өзү», — деди» (Элч.иш. 17:2–3). «Адегенде өзүм кабыл алып, анан силерге жеткирген кабарым бул: Ыйык Жазууда жазылгандай, Машайак биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлдү, көргө коюлду жана Ыйык Жазууда жазылгандай, үчүнчү күнү тирилди.» (1 Кор. 15:3–4). А сиз эмне деп ойлойсуз? Сиз кантип ойлойсуз, пайгамбарчылык менен алдын ала айтуунун айырмасы эмнеде? Сиздин өмүрүңүздө алдын ала айтылган нерселер аткарылды беле? Бул кантип Ыйса жөнүндөгү пайгамбарчылыктардын аткарылышынан айырмаланат? Эски Осуятта алтымыш негизги жана эки жүз жетимиш кошумча машайактык пайгамбарчылыктар бар. Алардын баары бир Инсанда — Ыйса Машайакта орундалды. Бул пайгамбарчылыктар Ыйсада так, «даректүү» орундалганын изилдеп окуу пайдалуу. Мен муну сизге түшүндүрүп берүүгө уруксат этиңиз. Сиз эч качан өзүңүздүн жеке атыңыз жана дарегиңиздин мааанилүүлүгү жөнүндө ойлонгон эместирсиз, бирок мына ошол сизди бул планетада жашаган миллиарддаган башка адамдардан айырмалап турат. Тарыхтагы дарек Кудай майда-чүйдөсүнө чейин, жер жүзүндө качандыр-бир убакта — өткөн чакта, азыркы учурда же келечекте жашаган бүт адамзаттын арасынан Анын Уулун, Машайакты, Куткаруучуну бөлүп көрсөтө турган «даректи» тарыхта белгилеп койгон. Бул «даректи» ийне-жибине чейин 1000 жылдан ашуун убакытта жазылган жана Анын келиши тууралуу 300дөн ашык эскертүүлөрдү камтыган документтен — Тоораттан табууга болот. Ыктымалдуулук теориясы боюнча бул пайгамбарчылыктардын кырк сегизи бир адамда орундалып жатышы, жүз элүү жетинчи даражадагы ондон бирди түзөт. Бул пайгамбарчылыктардын баары бир адамда аткарылгандыгынын ыктымалдыгын бул Машайак жөнүндөгү пайгамбарчылыктардын Анын келишине чейин 400 жыл мурун айтылгандыгы дагы да төмөндөтөт. Бул пайгамбарчылыктар Машайак келгенден кийин жазылган, башкача айтканда, аларды Анын өмүрүндөгү окуяларга ылайык жазып коюшкан деген да ойлор сунушталган. Бул айтылгандар сиз ервей тилиндеги Эски Осуят (Тоорат), Септуагинта, грек тилине Машайак төрөлгөнгө чейинки 200–150 жж. которулгандыгын түшүнгөнгө чейин, чындыкка окшоп көрүнүшү мүмкүн. Бул деген пайгамбарчылыктар жазылгандыгы менен Машайакта орундалгандыгынын ортосунда болбоду дегенде эки жүз жыл өттү дегенди билдирет. Кудай калтырган мындай тарыхый дарек бир гана Машайакка дал келе тургандыгы шексиз. Кыркка жакын адам жүйүттөрдүн Машайагымын деп чыкканы маалым. Бирок бирөөсү гана — Ыйса Машайак — Өз сөздөрүн аткарылган пайгамбарчылыктар менен далилдей алды, бир гана Анын тарыхы Анын айткандарын бекемдеди. Муну Ал кантип конкреттүү түрдө далилдеди? Кудайдын Уулунун келишинин алдында кайсы окуялар болушу керек эле жана кайсынынсы төп келди? Алгач бизге Библиядагы биринчи машайактык пайгамабарчылык болгон, Башталыш китебине кайрылууга туура келет (3:15): «Аял экөөңөрдүн ортоңорго, экөөңөрдүн тукумуңардын ортосуна кастык коем. Аялдын тукуму сенин башыңды жанчыйт, сен болсо анын согончогун чагасың». Бул пайгамбарчылык бүт Жазуудагы бир гана адамга туура келиши керек эле. Ыйсадан бөлөк эч кимди аялдын «уругу» деп атоого болбойт. Тарыхтагы калган адамдардын баары эркектин уругунан пайда болгон. Котормонун башка варианттарында бул шайтанды жеңүүчү «аялдын тукуму» деп аталган, ошол убакта Библияда санжырада бир гана эркектер айтылган. Ошол тукум же аялдын уругу дүйнөгө келет жана шайтандын иштерин талкалайт (анын башын «жанчат»). Башталыш китебинин 9–10 бөлүмдөрүндө Кудай Машайакты сүрөттөгөнүн бир кыйла аныктайт. Нухтун үч уулу болгон: Шем, Хам жана Жепет. Дүйнөнүн бүт элдери ушул үч адамдан таралган. Бирок Кудай үчөөнүн ичинен экөөнү машайактык тукумдан алып койду жана Машайак Шемдин тукумунан чыга турганын тактады. Тарых б.з.ч 2000-жылга чейин өрчүп келди жана ушул маалда Кудай Ур шаарынан Ыбрайым аттуу адамды чакырды. Ыбрайымды тандоо менен Кудай: Машайак ушул адамдын тукумунан чыгат деп дагы аныгыраак белгиледи. Жердеги бардык элдер Ыбрайым аркылуу бата алышат (Башт.12:1–3; 17:1–8; 22:15–18 караңыз). Ыбрайымдын эки уулу, Ысак менен Ысмайыл төрөлгөндө, Кудай Машайактын ата-бабаларынан болот деп, Ыбрайымдын экинчи уулун — Ысакты тандады (Башт. 17:19–21; 21:12 караңыз). Ысактын эки уулу болгон — Жакып жана Эйсап. Кудай Жакыптын тукумун тандады (Башт. 28:1–4; 35:10–12; Сан. 24:17 караңыз). Жакыптын он эки уулу болгон, алардан Ысрайылдын он эки уруусу тараган. Анан Кудай машайактык уруу катары, он экинин ичинен бирөөнү — Жүйүт уруусун тандады. А Жүйүт уруусунан Жышай тукумун тандады (Ыш. 11:1–5). Биз чөйрө кичирейгенин көрүп жатабыз. Жышайдын сегиз уулу бар эле, 2 Шемуел 7:12–16 жана Жер. 23:5 Кудай Жышайдын уулдарынын жетөөнү четке кагып, анын Дөөт деген уулун тандайт. Ошентип, келип чыгышы боюнча Машайак аялдын уругунан, Шемдин тукумунан, жүйүт элинен, Ысактын, анан Жакыптын, андан кийин Жүйүттүн уруусунан, Жышайдан жана Дөөттүн үйүнөн чыгышы керек. А сиз эмне деп ойлойсуз? Качандыр-бир убакта сиз өз санжыраңызды изилдеп көрдүңүз беле? Сиз өз урууңуз тууралуу кызыктуу маалымат тапкансызбы? Ыйсанын уруусу тууралуу эмне билесиз? Анын эмнеси кызыктуу? Мих. 5:2 Машайактын төрөлө турган жери катары Кудай дүйнөнүн бүт бардык шаарларынын ичинен миңге жетпеген калкы бар Бейт-Лехемди тандаган. Андан кийин бул Инсандын туула турган убагы жөнүндөгү пайгамбарчылыктар айтылган. Мисалы, Мал. 3:1 жана Байыркы Осуяттын төрт жеринде Машайак Иерусалимде ийбадаткана бар болгон кезде келе тургандыгы айтылган (Заб. 117:26; Дан. 9:26; Зах. 11:13; Ак. 2:7–9 караңыз).[174] Бул өтө маанилүү, биз эстей турган болсок, ийбадаткана б.з. 70-жылы кыйратылган жана ошол бойдон калыбына келтирилген эмес. Ыш. 7:14 Ал Кыздан төрөлө тургандыгы кошумчаланат. Табигый эмес жол менен баланын бойго бүтүп, төрөлүшү — адам пландаштыра албаган, башкарылбай турган окуя. Ышайада жана Забурда жазылган кээ бир пайгамбарчылыктарда Кудайдын Машайагы келген учурдагы коомдун абалы жана Ал кабыл боло турган реакциялар: Анын өз эли, жүйүттөр, Анын четке кагышы, бутпарастардын Ага ишенип калышы жөнүндө сүрөттөлөт (Заб. 21:8–9; 117:22; Ыш. 8:14; 49:6; 50:6; 52:13–15 караңыз). Анын алдында келе турган кабарчы, ээн талаада жар салган үн, Теңир үчүн жол даярдоочу — Жакан чөмүлдүрүүчү болгон (Ыш. 40:3; Мал. 3:1). Инжилдеги Машайактын портретин дагы тагыраак кылган эски осуяттык пайгамбарчылык мисал келтирилген бир жерге (Мт. 27:3–10) көңүл буруңуз. Матай Жүйүт Ыйсага чыккынчылык кылгандан кийин болгон окуяны сүрөттөйт. Матай бул окуя Эски Осуятта алдын ала айтылгандыгын көрсөтөт (Заб. 40:10; Зах.11:12–13).[175] Бул жерде Кудай Машайакка: 1) чыккынчылык кылына тургандыгын, 2) муну өз досу кыла тургандыгын, 3) отуз күмүш теңге үчүн кылынганын, жана бул акчалар 4) ийбадатканага ыргытыла турганын көрсөтөт. Портрет дагы ачыгыраак болуп баратат. Уруунун так аталышы; Ал төрөлө турган жер, убактысы, кантип төрөлө тургандыгы; элдин мамилеси жана чыккынчылыгы; Ал кантип өлө тургандыгы — мына ушулар Кудай Уулун, Машайакты, дүйнөнүн Куткаруучусун аныктоого жардам бере турган жүздөгөн белгилердин ичинен кээ бирлери. Б.з.ч. 1012-ж алдына ала айтылган пайгамбарчылык бул Адамдын колу-бутуна мык кагыла тургандыгы жана айкаш жыгачка кадала тургандыгы айтат. (Заб.21:7–19; Зах. 12:10; Гал. 3:13 караңыз). Бул өлүм жазасынын сүрөттөлүшү римдиктердин өлүм жазасы катары айкаш жыгачка кадоону колдонуп баштаганга чейин сегиз жүз жыл мурун жазылган. Уруунун так аталышы; Ал төрөлө турган жери, убактысы, кантип төрөлө тургандыгы; элдин мамилеси жана чыккынчылыгы; Ал кантип өлө тургандыгы — мына Кудай Уулун, Машайакты, дүйнөнүн Куткаруучусун аныктоого жардам бере турган жүздөгөн белгилердин ичинен кээ бирлери. Пайгамбарчылыктардын аткарылышы жөн гана дал келүүчүлүк эмеспи? Сынчы айтышы мүмкүн: «Чынында сиз бул пайгамбарчылыктар Авраам Линкольндо, Анвар Садатта, Джон Ф. Кеннедиде, Тереза энеде, Билли Грэмде орундалганын да далилдей аласыз». А сиз эмне деп ойлойсуз? Сиз кантип ойлойсуз, бир адамдын жашоосунда, ал төрөлгөнгө чейин жүздөгөн жылдар мурун айтылган ушунчалык көп пайгамбарчылыктардын аткарылышы канчалык деңгээлде болушу ыктымал? Мунун баары Ыйсанын жашоосунда кантип ишке ашты? Ооба, башка адамдарга да дал келген бир же эки пайгамбарчылык табууга болот деп ойлойм, бирок негизги алтымыш жана кошумча эки жүз жетимиш пайгамбарчылык бир эле Адамда орундалды. Көптөгөн жылдар бою Денвердеги «Машайакчынын жеңиши» басмасы Фред Джон Мелдаунун «Эки осуяттагы Машайак» китебинде айтылган Машайак жөнүндөгү алдын ала айтуулардын жок дегенде жарымы эле орундалган, Ыйсадан башка тирүү же өлүк адамды таба турган болсо, миң доллар байге ыйгарылат деп жарыялап келет. Байгеге алигиче эч ким ээ боло элек. Бардык эски осуяттык пайгамбарчылыктар бир адамдын жашоосунда аткарылышы мүмкүн беле? Питер Стоунер жана Роберт Ньюмен «Илим айтат» деген китебинде мунун канчалык деңгээлде мүмкүн экендигин эсептөөлөрдү жүргүзүшкөн. Америкалык илимий коомдун мүчөсү Х. Гарольд Хартцлер бул китептин “сөз башында” минтип жазат: «Илим айтат» дегендин кол жазмасы Америкалык илимий коомунун комитети жана ошол эле уюмдун аткаруучу кеңеши аркылуу кылдаттык менен изилденди, биз анын толугу менен ишеничтүү жана илимий материал катары көрсөтүүдө так деп таптык. Математикалык анализ ыктымалдуулуктун туура принциптерине негизделген жана профессор Стоунер бул принциптерди орду менен жана ишенимдүү түрдө колдонот.[176] Бул китептен келтирилген дагы бир үзүндү келтирейин, анда ыктымалдуулук теориясы мындай дал келүүчүлүктү болбойт деп эсептейт. Стоунер айтат: ыктымалдуулук теориясын ар кандай сегиз пайгамбарчылыкка колдонуп, «биз ушул убакытка чейин жашаган кайсы-бир адамда сегиз пайгамбарчылыктын орундалышы бирди ондун он жетинчи даражасына бөлгөнгө барабар экенин табабыз».[177] Бул деген: 100 000 000 000 000 000 ичинен бир мүмкүндүк бар дегенди билдирет. Бул бизге мындай болуунун ыктымалдуулугу өтө төмөн экендигин түшүнүүгө жардам берет. Стоунер мындай мисал келтирет: 100 000 000 000 000 000 күмүш доллар алып, аны Техастын аймагына жайып чыгалы. Алар штаттын аймагын алтымыш сантиметр калыңдыкта каптап калат. Бир адамдын көзүн таңып кое беребиз, ал каалаган жагына барышы мүмкүн, бирок белгиленген жалгыз күмүш долларды табышы керек. Анын керектүү долларды табуу ыктымалдыгы канчалык болот? Эгер бул пайгамбарчылыктарды оюнан эле жазып койгон болсо, бир адамдын жашоосунда сегиз пайгамбарчылыктын так аткарылышы, анын жазылышынан биздин күнгө чейинки орундалышынын мүмкүндүгү да ошончолук. Ошондуктан, же бул пайгамбарчылыктар Кудайдын Рухунун жетегинде айтылган, же пайгамбарлар өзүнөн эле жазып коюшкан. Эгер экинчи учурду ала турган болсок, алардын орундалышынын ыктымалдуулугу да 1/10^17 барабар болчу, бирок анын баары бир Машайакта орундалды. Бул деген сегиз эле пайгамбарчылыктын аткарылышынын жөнөкөй фактысы — бул пайгамбарчылыктарды Кудай айткандыктан жазылган жана 10^17 ден бир мүмкүнчүлүктү абсолюттук кылып койгон.[178] Дагы бир каршылык Кээ бирлер Ыйса жүйүттөрдүн пайгамбарчылыктарын билип туруп, аткарууга аракет кылган деп айтышат. Эгер биз Машайактын келиши менен байланышкан ар түрдүү нерселер адамдын эркинен көз каранды эмес болгонун эске албай турган болсок, айтылган нерсе акылдуу көрүнүшү мүмкүн. Мисалы, туулган жери. Ирод башкы ыйык кызмат кылуучулардан жана мыйзамчылардан Машайак кайсы жерде төрөлүшү керек деп сураганда, алар: «Жүйүттүн Бейт-Лехем деген шаарында төрөлүшү керек. Анткени бир пайгамбар аркылуу мындай деп жазылган...», — деп жооп беришкен (Мт. 2:5). Мария менен Жусуп айтылган шаарга баратканда, Ыйса энесинин ичинен, аны шаштырып: «Апа, батыраак, болбосо биз үлгүрбөй калабыз», — дегенин сиз элестете аласызбы? Кудайга бул бардык пайгамбарчылыктардын эмне кереги бар эле? Менин оюмча, Ал Ыйса Машайак дүйнөгө келген учурда бардык Ага керектүү болгон күбөлүк документтердин бар болушун каалаган. Бирок эң толкундата турган нерсе — бул Ыйсанын биздин өмүрүбүздү өзгөртүү үчүн келгендиги. Пайгамбарчылыктардын жарымы Машайак өзүнүн каалоосу менен аткара албай тургандай: Анын төрөлө турган абалы; Жүйүттүн чыккынчылыгы жана анын баасы; Аны өлүм жазасына тартуу жолу; элдин мамилеси, шылдыңы, бетине түкүрүшү; Анын кийимин бөлүп алыш үчүн өкчөмө таш ыргытуу; Анын кийиминин бүтүн калышы. Мындан сырткары Машайак өзүнүн эрки менен «аялдын уругу» болуп, Өзүнө Шемдин, Ыбрайымдын тукумун тандап алышы мүмкүн эмес болчу ж.б.у.с. Ыйса жана элчилер пайгамбарчылыктарга Ал — Кудайдын Уулу экендиги жөнүндө айтылган сөздү далилдеш үчүн кайрылгандыгы таң калыштуу эмес. А сиз эмне деп ойлойсуз? Бул китепте сунуш кылынган негизги үч далилдин: Библиянын чындык деп ырасталышы, тирилүүнүн пайдасына чечилген тарыхый күбөлүктөр же пайгамбарчылыктардын аткарылышы — кайсынысын сиз бир кыйла ишенимдүү деп эсептейсиз? Эмне үчүн? Кудайга бул бардык пайгамбарчылыктардын эмне кереги бар эле? Менин оюмча, Ал Ыйса Машайак дүйнөгө келген учурда бардык Ага керектүү болгон бардык күбөлөндүрүүчү документтердин бар болушун каалаган. Бирок эң толкундата турган нерсе — бул Ыйсанын биздин өмүрүбүздү өзгөртүү үчүн келгендиги. Бир гана Ал Анын келишин сүрөттөгөн жүздөгөн байыркы осуяттык пайгамбарчылыктарга дал келет. Бир гана Ал жаңы өмүрдү берүүгө убада кылган Анын пайгамбарчылыгын ким кабыл алса, бардык пайгамбарчылыктардын ичинен улуу болгон пайгамбарчылыкты орундата алат. Ал убада: «Силерге жаңы жүрөк берем, ичиңерге жаңы рух салам. Силердин денеңерден таш жүрөктү алып салып, эт жүрөк берем» (Жез. 36:26). «Ошентип, ким Машайактын ичинде болсо, ал — жаңы адам. Мурункунун баары өтүп кетти, азыр баары жаңы болду» (2 Кор. 5:17). 12-бөлүм. Башка жол жокпу? Техасс университетинде лекциялардын курсун окуганымда, бир студент мага жакын келип, мындай деп сурады: «Эмне үчүн Ыйса — Кудай менен мамиле кыла турган жалгыз жол?». Мен ага мындай деп түшүндүрдүм: Ыйса Өзүн Кудайга бара турган жалгыз жолмун деп айткан, Жазуунун жана элчилердин күбөлөндүрүүлөрү да чындык, бизде да Ыйса Куткаруучу жана Теңир экендигине негиздене турган далилдер жетишет. Бирок баары бир студент: «Эмне үчүн Ыйса? Кудайга бара турган башка жол жокпу?» — деп түшүнбөй жатканын айтты. Таң калыштуу, адамдар ушул жаш жигит сыяктуу дайыма альтернативаны издешет. «А Буддачы? Мухаммедчи? Кантип адам такыбаа жашай албасын? Эгер Кудай ушундай сүйүүчү болсо, эмне үчүн Ал бардык адамды кандай болсо, ошол бойдон кабыл албайт?» Бул суроолор мен көп учурда уга турган суроолор. Азыркы учурдагы ачыктык жар салынып жаткан кырдаалда элдерге Ыйса Өзүн жалгыз жолмун жана күнөөлөрдүн кечирилиши үчүн жана куткарылуу үчүн жалгыз булак экендигин айтканы жакпайт. Мындай мамиле адамдардын Кудайдын табиятын жөн гана түшүнбөй турганын көрсөтөт. Бул түшүнбөстүктүн маңызы алар көп учурда берген: «Кантип ушундай сүйүүчү Кудай кимдир-бирөөнүн тозокко түшүүсүнө жол берет?» — деген суроолору аркылуу көрүнөт. Мен суроого суроо менен жооп берем: «А кантип ыйык, адилеттүү жана адил Кудай Өзүнө күнөөкөр адамды жакындатсын?» Көпчүлүк адамдар Кудайды бир гана сүйүүчү катары түшүнүшөт. Бирок Ал бир гана сүйүүнүн Кудайы эмес, ошондой эле Ал — адил, калыс жана ыйык Кудай. Сиздин үйүңүздө кир, сасыган жана оорулуу ит болушун сиз каалабагандай, Кудай асманда күнөө болушуна чыдабайт. Кудайдын табиятын жана мүнөзүн түшүнбөстүк — көптөгөн теологиялык жана этикалык маселелердин себеби. А сиз эмне деп ойлойсуз? Кудайды сиз кантип сүрөттөйт элеңиз? Кудай жөнүндө сиздин ойлоруңузду кайдан аласыз? Ыйсада сизди эмне таң калтырат? Ыйсада Кудай жөнүндөгү сиздин түшүнүктөрүңүзгө ылайык келбеген нерселер барбы? Негизинен биз Кудайды Анын сапаттары боюнча билебиз. Биздин сапаттарыбыз биздин бир бөлүгүбүз эместей эле, Кудайдын сапаты — бул Анын бөлүгү эмес. Сиз башкаларды сыйлоо сапаты жакшы экенин түшүнүшүңүз мүмкүн жана бул сапатты өз жашооңуздун бөлүгү кылганга аракет кыласыз. Кудай менен такыр башкача. Кудайдын сапаты, Анын маңызы ыйыктыкты, сүйүүнү, калыстыкты, адилдикти ж.б. камтыйт. Мисалы, мээримдүүлүк — Кудайдын бөлүгү эмес, ал Кудайдын табиятына тийиштүү нерсе. Кудайдын сапаттарынын булагы — Кудайдын Ким экендигинде. Ал Өзүнүн табиятынын бир бөлүгү кылыш үчүн, аларды тандаган эмес; биз Кудай — бул сүйүү деп айткан учурубузда, биз Кудайдын бир бөлүгү сүйүү деп ойлобойбуз, бирок сүйүү Кудайга таандык сапат болуп саналат. Кудай сүйгөн кезде, Ал сүйүүгө чечим чыгарбайт, Ал жөн гана Өзү менен Өзү бойдон калат. Негизинен биз Кудайды Анын сапаттары боюнча билебиз. Мисалы: ыйыктык, сүйүү, адилдик жана калыстык. Ал аларды Өзүнүн сапаты кылыш үчүн тандап алган жок; алар Анын табиятынан агып чыгып турат. Бул жерде бизге тийиштүү бир маселе бар: эгер Кудайдын табияты сүйүү болсо, Ал кимдир-бирөөнү кантип тозокко жөнөтсүн? Буга мындай деп жооп берүүгө болот: Кудай адамдарды тозокко жөнөтпөйт, алар ал жакка өздөрүнүн жеке тандоосу боюнча бара жатышат. Муну түшүндүрүү үчүн биз дүйнөнүн жаралышына кайрылышыбыз керек. Ыйык Китепте Кудай эркек менен аялды алар менен Өзүнүн сүйүүсүн жана даңкын бөлүшүү үчүн жаратты деп айтылат. Бирок Адам Ата менен Обо эне каршылык кылып, өз жолдору менен кеткиси келди. Алар Кудайдын сүйүүсүнөн жана коргоосунан баш тартышты, өздөрүн биз күнөөкөр деп эсептеген өз эрктүү, ичи тар жана текебер табият менен булгашты. Кудай эркек менен аялды Аны четке кагышкандан кийин да назик сүйгөндүктөн, Ал алар өздөрү тандап алган, жок кыла турган жолдон куткаруу үчүн, жүрөктөрүн черткилөөнү каалады. Бирок эми Кудайдын алдында дилемма турду. Ал бир гана сүйүүнүн Кудайы эмес, ошондой эле Ал — ыйык, адил жана калыс Кудай, Ал Өзүнүн катышуусунда күнөө болгонуна чыдабайт. Анын ыйык, адил жана калыс табияты күнөөкөр жубайларды жок кылмак. Мына ошол үчүн Ыйык Китепте: «Күнөө үчүн жаза — өлүм», — деп айтылат (Рим. 6:23). Кантип Кудай дилемманы чечип, эркек менен аялды куткара алат? Кудай — Кудай-Ата, Кудай-Уул жана Кудай-Ыйык Рух — таң калтыра турган чечим кабыл алышты. Ыйса, Кудай-Уул, адам болуп төрөлөт. Ал Кудай-Адам болот. Биз бул жөнүндө Жакан жазган Жакшы кабардын биринчи аяттарынан окуй алабыз, ал жерде: «Сөз адам болуп, биз менен жашап турду», — деп жазылган (Жкн. 1:14). Филиппиликтерге жазылган катта да Ыйса Өзүнүн кудайлык укутарынан баш тартып, адамдын кейпин кийгендиги айтылат (Флп. 2:6–7). А сиз эмне деп ойлойсуз? Сиздин ордуңузга кимдир-бирөө качандыр-бир убакта жазаланган жок беле? Ошондон кийин бул адам менен болгон сиздин мамилеңиз өзгөрүлдүбү? Сиз ушундай нерсени жаза ала турган башка адам үчүн жасагыңыз келеби? Ыйса Кудай-Адам болгон. Ал эч качан Кудай болбогондой Адам болгон жана Адам болбогондой Кудай болгон. Өзүнүн эрки менен ал күнөөсүз жашаган, бардык нерседе Атасына баш ийген. «Күнөө үчүн жаза — өлүм» деген Ыйык Китептеги сөздүн Ага тиешеси болгон эмес. Ал бир гана Адам эмес, кудуреттүү Кудай да болгондуктан, Ал бүт дүйнөнүн күнөөсүн Өзүнүн мойнуна ала турган жөндөмдүүлүккө ээ болгон. 2000 жыл илгери Ыйса айкаш жыгачка кадалган кезде, Кудай биздин ордубузга Анын жазаланганын кабыл алган. Адил жана калыс болгон Кудайдын табияты канааттандырылды. Адил сот ишке ашты, кылмышкер жазаланды. Эми Кудайдын сүйүүсү адил соттун чегинен бошонду жана Ал кайрадан бизди кабыл алып, бизге Эдем багында жоготкон — биз Анын сүйүүсүн жана даңкын таанып билүүгө боло турган баштапкы мамилени сунуш кылды. Ал эч качан Кудай болбогондой Адам болгон жана Адам болбогондой Кудай болгон. Мен көп учурда адамдардан: «Ыйса ким үчүн жанын кыйды?» — деп сурайм. Алар көп ирет мындай деп жооп беришет: «Мен үчүн» же «бүт дүйнө үчүн». Анда мен кайрадан сурайм: «Ооба, бул туура, бирок дагы ким үчүн Ыйса өлдү?». Көп мезгилде адамдар бул суроого жоопту билишпейт. Мен жооп берем: «Кудай-Атасы үчүн». Көрдүңүзбү, Машайак биз үчүн гана өлгөн жок, Атасы үчүн да өлдү. Бул жөнүндө Римдиктерге жазылган каттын 3-бөлүмүнүн аягында жазылган, кээ бир Ыйык Китептин котомолорунда «ордун баскан курмандык» деп аталат (Рим. 3:25 караңыз). Маңызы боюнча, Ал башкалардын ордуна Атанын талабын канааттандырды дегенди билдирет. Ыйса айкаш жыгачка кадалган учурда Ал биз үчүн гана өлгөн жок, ошондой эле Кудайдын Өз табиятына ылайык болгон ыйык жана адилеттүү талаптарды аткаруу үчүн өлдү. Жийиркеничтүү нерсенин баары алынып ташталды, эми биз Анын алдында таза бойдон тура алабыз. Бир нече жыл мурун мен бир болгон окуяны уккан элем. Бул биздин күнөөбүз менен байланышкан Кудайдагы маселени чечүү үчүн, Ыйса айкаш жыгачта эмне кылгандыгын чечмелегенге жардам берет. Бир жаш аялды ылдамдыкты жогорулаткандыгы үчүн токтотушкан. Аны текшерген адам сотко барыш үчүн кагаз берди, ал соттун алдында турду. Сот өкүмдү окуп, жана ал аял күнөөсүн мойнуна алабы же жокпу деп, суроо берди. Аял күнөөсүн толугу менен моюнга алды. Сот балкасын коет да, өкүмдү окуйт: жүз доллар айып төлөш керек же он күн камакта отуруу керек. Андан кийин ал таптакыр күтүлбөгөн иш кылды. Ордунан туруп, соттук белгисин чечип, күнөөкөр отурган жерди айланып өтүп, өз намыянынан акча алып чыгып, айып акысын төлөдү. Эмне үчүн? Бул сот жаш аялдын атасы болуп чыгат. Ал өз кызын сүйгөн, бирок ал адилеттүү сот болчу. Кызы мыйзамды бузду, ошондуктан ал жөн гана ага: «Мен сени абдан жакшы көрөм, ошондуктан кечирем. Сен эркинсиң», — дей алган жок. Эгер ал ушундай кыла турган болсо, анда адилеттүү сот болмок эмес. Ал өзү мыйзамды бузмак. Бирок, ал өзүнүн кызын ушучалык сүйгөндүктөн, өзүнүн сот кийимин чечип, соттун ордунан түшүп, атанын ролун ойноп, кызынын айып акысын төлөгөнгө даяр болду. А сиз эмне деп ойлойсуз? Сизди капа кылган адамдарды кечирүү сизге кыйынбы? Адамдар кечирген учурда кандай баа төлөшөт? Бул окуя кандайдыр бир деңгээлде Кудай Ыйса Машайак аркылуу биз үчүн эмне кылгандыгын түшүнүүгө жардам берет. Биз күнөөгө баттык, Ыйык Китеп болсо бизге минтип айтат: «Күнөө үчүн жаза — өлүм». Кудай бизди ушунчалык катуу сүйгөнүнө карабастан, соттук балкасын кагуу менен: “өлүм” деп айтууга мажбур, анткени Ал — адилеттүү жана калыс Кудай. Бирок, Ал сүйүүчү Кудай болгондуктан, бизди ушунчалык сүйгөндүктөн, асмандагы Өз тактысынан Адам болгон Ыйса Машайактын кебетесинде түшүп, Өзүнүн айкаш жыгачтагы өлүмү аркылуу биз үчүн кун төлөдү. Кечирим дайыма бир баага турат. Кудай бизди кечириш үчүн айкаш жыгачта төлөдү — бул Будда, Мухаммед, Конфуций же кайсы-бир башка диний жол башчы сунуштай албаган акы болуп саналат. Ушул жерге келгенде көп адамдар мындай суроо беришет: «Эмне үчүн Кудай жөн эле кечирип койгон жок?» Чоң корпорациянын директору мага мындай деди эле: «Менин кол алдымда иштегендер көп учурда жабдууларды-шаймандарды бузушат, иштен чыгарышат, ысырапчылык кылышат, бир нерселерди сындырышат, мен аларды жөн гана кечирем. Кудай жасай албаган нерсени мен жасай алып жатамбы?» Директор анын кечирими ага бекер эмес экендигин түшүнгөн жок. Бузулган буюмдарды оңдогондо же керектен чыгып калгандарынын ордуна башкасын койгон кезде, жумушчулардын каталарын анын компаниясы төлөп жатат. Кайсы жерде кечирим болсо, ошол жерде баа төлөнүшү керек. Мисалы, менин кызым лампаны сындырып алды дейли. Мен сүйүүчү жана кечиримдүү ата катары, аны өзүмдүн тиземе отургузам да, аны кучактап: «Ыйлаба, бөпөм. Атаң сени жакшы көрөт жана кечирет», — деп айтам. Бул учурда окуяны угуп жаткан адам мындай дейт: «Кудай да мына ушундай кылыш керек». Бирок бул жерде мындай суроо келип чыгат: «Ал эми жаңы лампа үчүн ким төлөйт?» Төлөй турган мен болуп жатпаймынбы! Кечирим дайыма кандайдыр-бир бааны талап кылат. Кимдир-бирөө сизди элдин арасында кемсинтти деп коелу, а сиз кайрымдүү жүз менен: «Мен сени кечирем», — дедиңиз. Бул кемсинтүү үчүн ким төлөдү? Албетте, сиз. Сиз өзүңүзгө бардыгын алдыңыз жана бул кемсинтүүнүн күбөлөрүнүн көз алдында өз аброюңузду түшүргөнүн көтөрдүңүз. Кудай биз үчүн ушундай кылды. Ал айткан: «Мен силерди кечирем». Бирок Ал бул кечирим үчүн Өзү айкаш жыгачта төлөдү. Бул акы Будда, Мухаммед, Конфуций же кайсы-бир башка диний жол башчы сунуштай ала турган акы эмес. Эч ким жөн гана «такыбаа жашоо менен» бул бааны төлөй албайт. Бул өтө эле катуу угулушу мүмкүн, бирок биз муну айтышыбыз керек, анткени бул чындык: Ыйсадан бөлөк башка жол жок. 13-бөлүм. Ал менин жашоомду өзгөрттү Мен бул китепте силер менен бөлүшкөн нерселерди машайакчылыктын пайдасына болгон далилдерди изилдеп окуу менен, университеттеги досторум мага чакырык таштап, таймашка чакырышкандан кийин биле алдым. Мүмкүн сиз ойлоп жаткандырсыз, ушунча далилдерди тапкандан кийин, ошол замат мени машайакчы болуп калса керек деп. Бирок, күбөлүктөрдүн көптүгүнө карабастан, мен бул кадамды таштаганды каалаган жокмун. Менин акылым машайакчылыктын чын экендигине ишенип жатты. Мен Ыйса Машайак — Өзүн Ким деп атаса, Ошол экендигин мойнума алганга мажбур болдум. Мен машайакчылык — миф эмес, кыялкечтердин фантазиясы эмес, куулук-шумдугу жок, ишенчээк адамдардын алдоосу эмес, аска ташка негизделген чындык экендигин ачык көрө алдым. Мен чындыкты билдим, бирок менин эрким мени башка багытка тартып жатты. Менин каршылыгымдын эки себеби бар болчу: канааттанып жашоого болгон суусоо жана текебердик. Мен машайакчы болуп калсам, жашоонун берген кубанычынан баш тартып, аны башкара албай калам деп ойлодум. Мен Ыйса Машайактын менин жүрөгүмдүн босогосунда туруп алып: «Мына, Мен эшиктин алдында туруп, эшикти чертип жатам. Эгер Мени угуп жатсаң, эшигиңди ач, Мен кирем», — деп суранып жаткандай сездим (Аян. 3:20 фразасын бир аз өзгөртүү менен). Бирок мен эшикти бекитип салдым. Мага Анын суунун үстүндө басып жүргөнү, сууну шарапка айландырганы маанилүү эмес болчу. Мен кимдир-бирөөнүн менин жашоомду бузушун каалаган жокмун. Мен анын бузулушунун башка жөнөкөй жолун ойлоп таба алган жокмун. Мен муну жашоо деп атачумун, бирок чынында мен бактысыз элем. Мен басып жүргөн жер согуш талаасы болчу. Менин акылым мага машайакчылык — чындык деп айтса, менин эрким болсо канчалык мүмкүн болсо, ошончолук күч менен каршылык көрсөтүп жатты. Менин акылым машайакчылыктын чындык экендигин билип турса да, менин эрким кайгыруу менен каршылык көрсөтүп жатты. Андан сырткары, менде текебердик маселеси бар эле. Машайакчы болуу керек деген ой менин өзүмчүлдүгүмдү талкалап жатты. Менин мурдагы ойлорум туура эмес, ал эми менин досторумдуку туура экендигин сезип жаттым. Энтузиазмга толгон бул машайакчыларга жолуккан сайын менин ичимде күрөш башталчу. Эгер сиз качандыр-бир учурда бактысыз болуп туруп, бактылуу адамдардын компаниясында болгон болсоңуз, алардын кубанычы сиздин кыжырыңызды келтире тургандыгын билесиз. Кээде мен ордуман туруп, студенттердин чогулушунан качып кетчүмүн. Мен кечинде саат ондо уктаганы жатып, бирок таңкы саат төрткө чейин уктай албаган абалга чейин жеттим. Мен бул маселени чече алган жокмун. Бул мени акылымдан ажыратып койгонго чейин бирдеме кылышым керек эле. Мен дайыма акылымды ачык кармаганга аракет кылчумун, бирок мээм сыртка чыгып калганча эмес. Дж. К. Честертон мындай деген: «Акылды да оозду ачкандай ачыш керек, андан кийин акылдуу бир нерсе менен толтуруп жабыш үчүн». Мен өз акылымды ачтым, акырында менин жашоомдогу эң бир акылдуу чечимге келдим. 1959-жылы 19-декабрда, кечки саат 8:30 да, университеттин экинчи курсунда мен машайакчы болуп калдым. Менден: «А машайакчы болуп калганыңызды кайдан билдиңиз?» — деп сурашат эле. Менин жообум болсо жөнөкөй эле болчу: «Бул менин жашоомду өзгөрттү». Бул өзгөрүлүү менин кайрылганымдын чындык экендигине мени бекемдеди. Ошол түнү мен тирилген, тирүү Машайак менен мамиле түзүш үчүн төрт нерсе жөнүндө сыйындым жана бул сыйынууга жооп алганым үчүн ыраазычылык билдирем. А сиз эмне деп ойлойсуз? Бул китепти окуп бүтүрүп жатып, Ыйса Машайак жөнүндөгү сиздин ойлоруңуз өзгөрүлдүбү? Ал жөнүндө дагы көбүрөөк окугуңуз келеби? Ошондой эле Ага өз өмүрлөрүн арнаган адамдар менен сүйлөшүүнү каалайсызбы? Биринчиден, мен: «Теңир Ыйса, мен үчүн айкаш жыгачта өлгөнүңө ыраазымын», — дедим. Экинчиден: «Менин өмүрүмдөгү Сага жакпаган нерселерди мойнума алам, Сенден суранам, мени кечир жана мени тазала», — деп айттым. Кудай бизге: «Эгерде силердин күнөөлөрүңөр кыпкызыл болсо, Мен аны аппак кардай агартам...», — деп айтат (Ыш. 1:18). Үчүнчүдөн, мен мындай дедим: «Мен азыр ушул убакта жүрөгүмдүн эшигин жана өз өмүрүмдү ачам жана Сага өзүмдүн Куткаруучум жана Теңирим деп ишенем. Менин жашоомду башкар. Мени ичимден өзгөрт. Сен кандай кылып мени жараткан болсоң, ошондой адам кыла көр». Жана акыркы мен сыйынып, суранган нерсе: « Ишеним менен жашоомо киргениң үчүн Сага ыраазымын». Бул ишеним эч нерсе билбеген түркөйлүктүн негизинде эмес, далилдерге, тарыхый фактыларга жана Кудайдын Сөзүнө негизделген ишеним эле. Мен сиздин адамдар өздөрүнүн биринчи диний тажрыйбасында баштарынан кечирген, аларды таң калтырган «чагылган» жөнүндө айткандарын уккансыз деп бекем ишенем. Менде мындай деле эсте калаарлык болгон жок. Мен сыйынгандан кийин эч нерсе деле болгон жок. Таптакыр эч нерсе. Менин канаттарым өсүп чыккан жок, башымда жарык пайда болгон жок. Чынында, бул чечимди чыгаруу менен өзүмдү андан да жаман сездим. Менин көңүлүм айланды, кускум келди. «Мына, эмнеге чалынып калдым?» — деп ойлодум. Мен жете турган жериме жетип калдым деп ойлодум (көпчүлүк ушундай деп ойлой турганына толук ишенем!). Өзгөрүүлөр күтүлбөгөн жерден болгон жок, бирок алар реалдуу эле. Алты ай өттү, анан он сегиз ай, мен дагы да жете элек экенимди билдим. Менин жашоом өзгөрүлдү. Ошол кезде мен Батыштагы бир университеттин тарыхый бөлүмүнүн башчысы менен жарыш сөзгө катыштым. Мен ага өз жашоом жөнүндө айтып бердим, ал менин сөзүмдү: «Макдауэлл, сиз жашооңузду Кудай чындап эле өзгөрттү деп айткыңыз келип турабы? Мисал келтириңиз», — деп, суроо берүү менен бөлдү. Мен кантип машайакчы болуп калганымды билдим? Бул менин жашоомду өзгөрттү. Бул ишеним эч нерсе билбеген түркөйлүктүн негизинде эмес, далилдерге, тарыхый фактыларга жана Кудайдын Сөзүнө негизделген ишеним эле. Мени кырк беш мүнөт уккандан кийин, ал аягында: «Болду, болду, жетишет!» — деп айтты. Мен ага айткан өзгөрүүлөрдүн бири — тынчсыздануудан бошонуу. Мурда мен өзүмдү бир нерсе менен алек кылдырчумун. Мүмкүн, кыз менен жолугушуу, кече, студенттердин жыйналышы, достор менен сейилдөө. Мен студенттердин шаарын аралап жүргөнүм менен, башымда толгон токой ойлор бар болчу. Мен дайыма бир жерде жүгүрүп жүрчүмүн. Мен отуруп, бир нерсе менен машыгуум керек же ойлонушум керек, бирок андай кыла алчу эмесмин. Өз жашоомо Машайакты киргизгенимден кийин, мен акыл жактан болгон тынчтыкка ээ болдум. Мени туура түшүнүңүз: мен бардык көйгөйлөр жок болуп кетти деп айтып жаткан жокмун. Ыйса менен болгон мамиледе мен уруш-талаштан эркин болуп калдым деген эмес, бирок аларды чечүү жөндөмдүүлүгүнө ээ болдум. Мен муну бул жарык дүйнөдөгү эч нерсеге алмаштырмак эмесмин. А сиз эмне деп ойлойсуз? Сиздин жашооңузда Кудайдын жардамы менен өзгөрткүңүз келген аймактар барбы? Дагы бир өзгөргөн аймак — бул менин татаал мүнөзүм. Эгер кимдир-бирөө мага тийишип койсо, мен абдан бат жооп берчүмүн. Менде биринчи курста бир жигитти аз жерден өлтүрүп кое жаздаганымда калган тырыктар бар. Менин кулк-мүнөзүм менин бир бөлүгүм эле, мен аны өзгөртүүгө далалаттанган да эмесмин. Бир жолу мени өзүмдөн чыгара турган абалга кабылдым, бирок мен өзүмдү кармаган бойдон, тынч кала бердим. Менин мүнөзүм мени калтырып кетиптир! Буга мен жетишкен жокмун, мен башында айткандай, Ыйса менин жашоомду өзгөрттү. Мен жеткилең болуп калдым деп айтпайм. Мен он төрт жыл өзүмдөн чыккан жокмун, анан бир жолу ушундай болуп кеткенде, мен мурдагы өткөрүп жиберген убакыттын эсесин толтуруп жаткандай сезип кетем. Ыйса мени өзгөрткөн дагы бир аймак бар. Мен муну менен мактанбайм, бирок эскертип айткым келет, себеби көп адамдарга ушундай өзгөрүү керек, мен аларга анын булагын көрсөткүм келет: тирилген жана тирүү Машайак менен болгон мамиле. Бул маселе — жек көрүү. Мени жек көрүүнүн жүгү жерге тартып турчу. Мен муну сыртымдан көрсөтчү эмесмин, бирок бул мени ичимден жеп койчу. Мен адамдарга, буюмдарга, маселелерге ачууланчумун. Мен өзүмө ишенбегендиктен, азап чекчүмүн. Мага окшобогон адам менен жолуккан ар бир кездешүүнү мен коркунуч катары кабыл алчумун жана жек көрчүмүн. Бир адамды бардыгынан ашыкча жек көрчүмүн — бул менин атам эле. Мен жүрөгүмдүн түпкүрүндө аны жек көрчүмүн. Мен аны шаарга таанымал болгон аракеч болгондугу үчүн жек көрчүмүн. Эгер сиз кичинекей шаарда төрөлгөн болсоңуз жана сиздин ата-энеңиздин бири — аракеч болгон болсо, анда сиз мени түшүнөсүз. Бул жөнүндө баары билишет. Менин мектептеги досторум менин атамдын аракечтиги үчүн мени сөз менен чымчылап өтүшчү. Алар мени жаралап жаткандары жөнүндө ойлонушчу эмес, анткени мен мага да күлкүнүчтүү болгондой түр көрсөтүп, алар менен бирге күлчүмүн. Сыртымдан күлчүмүн, бирок ичимден мен ыйлачумун. Ыйса менен болгон мамиледе мен уруш-талаштан эркин болуп калдым деген эмес, аларды чечүү жөндөмдүүлүгүнө ээ болдум. Мен сарайга киргенде, уйлардын жанында бутуна тура албагыдай болуп сабалган менин апам жатчу. Биздикине досторум келген мезгилде, мен атамды сарайга алып барып, аны байлап, анын машинасын бекитип салчумун. Биз меймандарга атам бир жакка кетти деп айтып койчубуз. Качандыр-бир убакта кимдир-бирөө мен өз атамды жек көргөнгө караганда да күчтүүрөөк бирөөнү жек көргөн деп ойлобойм. Мен Машайакты тандагандан беш ай өткөндөн кийин, Кудайдын сүйүүсү менин жашоомо ушундай чоң агым менен төгүлгөндүктөн, бардык жек көрүүнү жууп кетти, аны таптакыр жок кылды. Мен атамдын көзүнө карап: «Атаке, мен сени жакшы көрөм», — деп айта ала турган болдум. Жана бул чындык эле. Менин бир нече ушундай иштеримден кийин бул аны да өзгөрттү. Бир адамды бардыгынан ашыкча жек көрчүмүн — бул менин атам эле. Кудайдын сүйүүсү менин жашоомо ушундай чоң агым менен төгүлгөндүктөн, бардык жек көрүүнү жууп кетти. Мен университетке которулганымдан кийин, абдан оор жол кырсыгына кабылдым жана ооруканага жатып калдым. Мени үйгө кое беришкенде, мен али да жакшы айыга элек болчумун, атам мага келиптир. Ошол күнү ал сопсоо экен. Бирок, ал тынчтык таппай, бир бурчтан экинчи бурчка басып жатты. Андан кийин ал: «Уулум, мендей атаны кантип жакшы көрөсүң?» — деп бурк этти. Мен аны менен Ыйса Машайак жөнүндөгү өзүмдүн изилдөөлөрүмдүн тарыхын жана чыгарган жыйынтыктарым менен бөлүштүм. Мен ага: «Мен Машайакка ишенип калдым, Кудайдын кечиримин кабыл алдым, Ал мени өзгөрттү. Мен баарын түшүндүрүп бере албайм, ата, бирок Кудай мени жек көрүүдөн бошотту жана мага сүйгөнгө жөндөмдүүлүк берди. Мен сен жакшы көрөм жана сен кандай болсоң, ошол бойдон кабыл алам», — деп айттым. Биз бир сааттай сүйлөшүп отурдук, анан мен өз жашоомдогу эң толкунданткан учурду башымдан кечирдим. Бул адам, мени мыкты билген жана мени алдай албаган атам мени карап, мындай деди: «Уулум, эгер Кудай сенин жашооңдо кылган нерсени меникинде да жасай ала турган болсо, мен Ага мындай мүмкүнчүлүктү бергим келет. Мен Ага өзүмдүн Куткаруучум жана Теңирим катары ишенүүнү каалайм». Мен мындан да чоң керемет нерсени элестете да алган эмесмин. Көбүнчө, адам Машайакты кабыл алганда, анын жашоосундагы өзгөрүүлөр күндүн, жуманын, айдын же жылдын ичинде өзгөрүлөт. Менин жеке жашоомдо бул үчүн алты айдан он сегиз айга чейинки убакыт кетти. Бирок менин атамдын жашоосу менин көз алдымда өзгөрүлдү. Кудай колун созуп, жарыкты күйгүзгөндөй эле болду. Андан кийин эч качан мындай тез өзгөрүүнүн күбөсү болгон жокмун. Ошондон кийин бир гана жолу атам спирттик ичимдикти колуна кармады. Ал аны эринине тийгизди да, четке түбөлүккө жылдырып койду. Мен бир гана жыйынтыкка келе алам: Ыйса Машайак менен болгон мамиле жашоону өзгөртөт. А сиз эмне деп ойлойсуз? Эмне үчүн машайакчылык ишенимди Адам болгон Ыйса Машайактан бөлүү кыйын? Көрдүңүзбү, көпчүлүк адамдар аны такыр карама-каршы нерсе катары кабыл алышат? Менин жашоомдо мен кечиришим керек болгон дагы бир адам бар эле. Анын аты Уэйн эле, ал мен фермада чоңойгон кезимде менин ата-энемдин колунда иштечү. Апамдын колу бош эмес болгон кезде же узакка бир жакка кеткенде, Уэйн мени кароого милдеттүү болчу. Апам мени Уэйнге алып келип, мага мындай сөздөрдү айтчу: «Уэйнди ук жана ал сага эмне айтса, ошону жаса. Эгер сен ага тил албай турган болсоң, мен келгенден кийин, сени жазалайм». Мага ишениңиз, мен апам мени жазалаганын каалачу эмесмин. Эгер мени эмне күтүп тура турганын билген болсом, анда кубаныч менен жазаны алмакмын. Бул адам мени алты жашымдан он үч жашка чейин сексуалдык жактан кордоп жүрдү. Мен апама айтсам, ал мага ишенген жок. Он үч жашта мен Уэйнди коркуттум: «Эгер сен дагы бир жолу мага тийише турган болсоң, мен сени өлтүрөм!». Уэйн менин чындап айтып жатканымды түшүндү да, ошондон кийин мага тийген жок. Мен Уэйндин тозокто күйүшүн каалаганмын жана өзүм аны ал жакка жөнөтүүгө даяр элем. Зордук жөнүндөгү эскерүүлөр мени коркунучка салчу. Бирок, мен Машайакка келгенде, мен атамды кечиргендей, Уэйнди кечирүү керектигин түшүндүм. Мен Уэйнге келип, мындай дедим: «Уэйн, сен мени жаман кылгансың. Бирок мен Ыйса Машайакка Куткаруучум жана Теңирим катары ишенип калдым, мен машайакчы болуп калдым. Мен сага келгенимдин себеби, Ыйса мен үчүн өлгөндөй, сен үчүн да өлгөн. Мен сени кечирем». Бул мен кылган кайсы-бир иштердин ичинен эң кыйыны болду. Эгер сиз мындай нерсени баштан өткөргөн болсоңуз, ишенсеңиз болот: мындан кийин жиндер сизди ээрчигенин токтотушат. Сиздин өткөн жашооңуз Кудайдын жардамы менен жеңилишү мүмкүн. Сиз машайакчылыктын үстүнөн күлө аласыз, сиз тамашалап, аны шылдыңдай аласыз. Бирок ал иштеп жатат. Ал жашоолорду өзгөртүп жатат. Мен Ыйса Машайак жашоолорду өзгөртөт деп айтмакмын. Бул дин эмес, система эмес, этикалык идея эмес, психологиялык таасир этүү эмес. Бул Инсан. Эгер сиз Машайакка ишенсеңиз, өз көңүлүңүздү мамилелериңизге жана кылган иштериңизге буруңуз, анткени сиздин жашооңузду өзгөртүү менен Ыйса Машайак иштеп жатат. Мына ошентип, сиз күбө болгондой, Машайакка болгон ишенимге ээ болуу мен үчүн изилдеп окуудан башталып, жашоомдун өзгөрүшүнө айланган процесс болду. Бүгүнкү күндө көп адамдар муну баштан кечиргиси келет, алар мен тапкан жаңыланган жашоону каалашат, бирок алар машайакчылыкты акыл-эстин жана далилдердин негизине койгулары келбейт. Мүмкүн, алар биздин чыдамдуулук жана плюрализм болгон кылымыбызда абсолюттук чындык бар экендигин моюнга алгылары келбегендиктен, каалабай жатышкандыр. Же дагы бир себеп — изилдеп окуу Машайактын айткандарынын чындык экендигин далилдебестен, аларды шектенүүгө алып келет деген коркунучтур. Илимий изилдөөлөр адамдын Машайакка болгон ишенимине тоскоол болобу? Эгер байыркы тарых боюнча дүйнөлүк алдыңкы адистердин бири болгон, доктор Эдвин Йамаучиге ишене турган болсок, анда ЖОК. Йамаучинин Брандейс университетинде бир нече илимий даражасы бар, ал чечкиндүү түрдө мындай деп жарыялаган: «тарыхый далилдер менин Ыйса Машайакка бизди сүйгөн, биз үчүн өлгөн жана өлгөндөн тирилген Кудай Уулу катары ишенүүмдү бекемдеди. Бул өтө эле жөнөкөй».[179] Бул дин эмес, система эмес, этикалык идея эмес, психологиялык таасир этүү эмес. Бул сиздин жашооңузду өзгөртүү менен таасир эте турган Инсан. Мен байыркы кол жазмалар боюнча адис болгон доктор Брюс Метцгерден Инжилдин тарыхын изилдөө анын ишенимин алсыз кылган жокпу деп сураганымда, ал ошол замат: «Тескерисинче, бекемдеди. Мен өмүр бою суроо берип келгенмин. Мен текстти изилдеп окудум, аны кылдаттык менен изилдедим жана эми толук ишеним менен менин Ыйсага болгон ишенимим негиздүү экендигин билем ...абдан жакшы негиз», — деп жооп берди.[180] Бул эки кадыр-барктуу окумуштуулардын сөздөрү бул кичинекей китебимди жазган учурдагы оюмду бекемдейт. Мен силерге Машайактын айткандарынын баары далилденген тарыхый фактыларды көрсөтөөрүн, тарых, пайгамбарчылык жана акыл-эс да алардын пайдасына айта турганын көрсөткүм келди. Фактыларды түшүнүү силерге Машайактын Өзү жөнүндө айткандарына мен жана башка миллиондогон машайакчылар башынан өткөргөн жашоолордун өзгөрүлгөнүнө ишенүү үчүн бекем жана ишеничтүү негиз берет. Бирок талашсыз фактыларга жана тажрыйбалардын аныктыгына карабастан, машайакчылык кимдир-бирөөгө таңууланбайт. Сиз кимдир-бирөөнү Машайакты кабыл алууга мажбурлай албайсыз. Сиз өз жашооңуз менен жашап жатасыз, мен өзүмдүкү менен жашап жатам. Биз баарыбыз өз тандообузда эркинбиз. Мен сизге болгону өзүм эмнеге үйрөнгөнүм тууралуу айтып бере алам. Андан ары чыгара турган чечим сизде. Мүмкүн сизге менин сыйынуум жардам берер: «Теңир Ыйса, Сен мага керексиң. Сен мен үчүн айкаш жыгачта өлгөнүң үчүн ыраазымын. Мени кечир жана мени тазала. Мына азыр мен Сага Куткаруучум жана Теңирим деп ишенем. Сен мени кандай адам кылып жараткан болсоң, ошондой адам кыл. Машайактын атынан сыйынам. Оомийин». Авторлор жөнүндө Жош Макдауэлл Калифорниядагы Талбота семинариясында теология боюнча магистр даражасын алган. 1964-жылы ал «Жаңы жашоо» уюмунда иштеп баштаган жана азыркы учурдагы жаштардын негизги көйгөйлөрү менен иш алып барган бул уюмдун сыртта кызмат кылган өкүлү болуп калган. Жош сексен төрт өлкөнүн он миллиондон ашык жаштарынын алдында, анын ичинде, жети жүздөн ашык университеттерде жана студенттердин шаарчасында сөз айткан. Ал өзү жана башка авторлор менен бирге дүйнө жүзү боюнча отуз беш миллиондон ашык тираж менен таралган жүз он китепти жана окуу китептерин жазган. Жоштун эң белгилүү китептери — «Чечим чыгарууну талап кылган жаңы күбөлүктөр», «Эмне үчүн чыныгы сүйүү күтөт», «Жакшы деген эмне, жаман деген эмне» жана ушундай аттуу окуу китептеринин сериясы. Жош жана анын аялы Дотти Калифорнияда Дана-Пойнтта жашашат, алардын төрт бойго жеткен балдары бар. Шон Макдауэлл — жогорку класстардын мугалими, лектор жана жазуучу. Ал Талбота семинариясын артыкчылык диплому менен бүтүргөн жана философия жана теология илимдеринин магистрлик даражасын алган. «Этика: бул тартипсиз дүйнөдө кантип кайраттуу болуш керек» китебинин автору жана «Акыл-эстүү ойду кантип түшүнүү керек» жана «Тирилүүнүн пайдасына болгон күбөлүктөр» китептеринин авторлошу. «Жаңы муундун апологетиктери» жана «Студенттер үчүн ыйык китептик изилдөөлөрдүн апологетиктеринин» башкы редактору. Шон 2007–009-жылдары Сан-Хуан-Капистранодо «жыл мугалими» деп жарыяланган. Анын апологетика боюнча лекциялары машайакчылык мектептердин Эл аралык ассоциациясында жогорку баага жетишкен. Ал «Үй-бүлөгө көңүл буруу», «Ыйык китептен жооптор», «Көз караш» жана «Чынчыл кайтаруучулардан шоу» деген радиоберүүлөргө катышкан. Шондун блогун окуу үчүн жана лекция жөнүндө аны мене келишим түзүү үчүн төмөнкү сайтка кайрылса болот: http://www.seanmcdowell.org. 2000-жылы апрелде Шон Стефаниге үйлөнгөн. Алардын эки баласы бар, Скотти и Шауна, алар Калифорнияда Сан-Хуан-Капистранодо жашашат. Эскертүүлөр 1. Augustus H. Strong, Systematic Theology (Philadelphia:Judson Press, 1907), 1:52. 2. Archibald Thomas Robertson, Word Pictures in the New Testament (New York: Harper & Brothers, 1932), 5:186. 3. Leon Morris, «The Gospel According to John», The New International Commentary on the New Testament (Grand Rapids, MI: Eerdmans, 1971), 524. 4. Charles F. Pfeiffer and Everett F. Harrison, eds., The Wycliffe Bible Commentary (Chicago: Moody Press, 1962), 943–944. 5. Lewis Sperry Chafer, Systematic Theology (Dallas: Dallas Theological Seminary Press, 1947), 5:21. 6. Robert M. Bowman and J. Ed Komoszewski, Putting Jesus in His Place: The Case for the Deity of Christ (Grand Rapids, MI: Kregel, 2007), 246–247. 7. Robert Anderson, The Lord from Heaven (London:James Nisbet, 1910), 5. 8. Henry Barclay Swete, The Gospel According to St.Mark (London: Macmillan, 1898), 339. 9. Irwin H. Linton, The Sanhedrin Verdict (New York:Loizeaux Bros., 1943), 7. 10. Charles Edmund Deland, The Mis-Trials of Jesus (Boston: Richard G. Badger, 1914), 118–119. 11. C. S. Lewis, Mere Christianity (New York: Macmillan, 1960), 40–41. 12. F. J. A. Hort, Way, Truth, and the Life (New York: Macmillan, 1894), 207. 13. Kenneth Scott Latourette, A History of Christianity (New York: Harper and Row, 1953), 44, 48. 14. William E. Lecky, History of European Morals from Augustus to Charlemagne (New York: D. Appleton, 1903), 2:8–9. 15. Philip Schaff, History of the Christian Church (Grand Rapids, MI: Eerdmans, 1962), 109. 16. Philip Schaff, The Person of Christ (New York: American Tract Society, 1913), 94–95. 17. Clark H. Pinnock, Set Forth Your Case (Nutley, NJ: Craig Press, 1967), 62. 18. Gary L. Collins, в Lee Strobelде алынган, The Case For Christ (Grand Rapids, Michigan: Zondervan, 1998), 147. 19. James T. Fisher and Lowell S. Hawley, A Few Buttons Missing (Philadelphia: Lippincott, 1951), 273. 20. C. S. Lewis, Miracles: A Preliminary Study (New York: The Macmillan Company, 1947), 113. 21. Schaff, The Person of Christ, 97. 22. Dan Brown, The Da Vinci Code (New York: Doubleday, 2003), 233. 23. James A. Kliest, The Epistles of St. Clement of Rome and St. Ignatius of Antioch, «To the Ephesians» (Ramsey, NJ: Paulist Press, 1978). 24. Alexander Roberts, First Apology, The Ante-Nicene Fathers, vol. 1 (Grand Rapids, MI: Eerdmans, 1993), 184. 25. Joseph P. Smith, St. Irenaeus: Proof of the Apostolic Preaching (Ramsey, NJ: Paulist Press, 1978), chap. 47. 26. Pliny, Letters and Panegyricus, trans. Betty Radice, Loeb Classical Library (Cambridge, MA: Harvard University Press, 1969): 10.96 (2.289). 27. J. Ed Komoszewski, M. James Sawyer, Daniel B. Wallace, Reinventing Jesus (Grand Rapids, MI: Kregel, 2006), 215. 28. The New Encyclopaedia Britannica: Micropaedia, 15th ed., s. v. «scientific method». 29. James B. Conant, Science and Common Sense (New Haven, CT: Yale University Press, 1951), 25. 30. John F. Haught, God and the New Atheism (Louisville, KY: Westminster John Knox Press, 2008), 22. 31. Sam Harris, Letter to a Christian Nation (New York: Vintage Books, 2006), ix. 32. Richard Dawkins, The God Delusion, 2nd ed. with Preface (New York: Mariner Books, 2008), 58. 33. Christopher Hitchens, God Is Not Great: How Religion Poisons Everything (New York: Twelve, 2007), 122, 5. 34. У. Грэмге жазылган каттан (3 июль 1881), The Autobiography of Charles Darwin and Selected Letters мисал келтирилет(1892; reprint, New York: Dover, 1958). 35. Paul Davies, «What Happened Before the Big Bang?» in God for the 21st Century, ed. Russell Stannard (Philadelphia; Templeton Foundation Press, 2000), 12. 36. John C. Lennox, God’s Undertaker: Has Science Buried God? (Oxford, England: Lion Hudson, 2007), 22–25. 37. Alfred North Whitehead, Science and the Modern World (New York: The Macmillan Company, 1925), 17. 38. John C. Lennox мисал келтирилет, God’s Undertaker, 20. 39. Hitchens, God Is Not Great, 63–67. 40. Harris, Letter to a Christian Nation, 72. 41. Hitchens, God Is Not Great, 151. 42. William A. Dembski and Sean McDowell, Unberstanding Intelligent Design (Eugene, OR: Harvest House, 2008). 43. Antony Flew and Roy Abraham Varghese, There Is a God: How the World’s Most Notorious Atheist Changed His Mind (New York: HarperCollins, 2007), 88. 44. Georges M. Whitesides, «Revolutions in Chemistry» (Priestly Medalist address), Chemical & Engineering News 85 (13) (26 March 2007): 12–17, төмөнкүдөн окууга болот: http://pubs.acs.org/cen/coverstory/85/8513cover1.html (23 апрель 2007). 45. Harris, Letter to a Christian Nation, 71. 46. Richard Dawkins, The Blind Watchmaker (New York: Norton, 1987), 17–18. 47. Bill Gates, The Road Ahead (Boulder, CO: Blue Penguin, 1996), 228. 48. Dawkins, The God Delusion, 168. 49. Flew and Varghese, There Is a God, 132. 50. Freeman J. Dyson, Disturbing the Universe (New York: Harper & Row, 1979), 250. 51. Paul Davies те үзүндү келтирилет, The Accidental Universe (Cambridge: Cambridge University Press, 1982), 118. 52. Paul Davies, Superforce: The Search for a Grand Unified Theory of Nature (New York: Simon and Schuster, 1984), 242. 53. Stephen Hawking, A Brief History of Time (New York: Bantam Books, 1996), 126. 54. Walter L. Bradley, «The ’Just So’ Universe», in Signs of Intelligence, ed. William A. Dembski and James M. Kushiner (Grand Rapids, MI: Brazos Press, 2001), 169. 55. Roger Penrose, The Emperor’s New Mind (New York: Oxford, 1989), 344. 56. Paul Davies, Cosmic Jackpot (New York: Houghton Mifflin, 2007), 149. 57. Dawkins, The God Delusion, 258. 58. Ibid., 35. 59. Sam Harris, The End of Faith: Religion, Terror, and the End of Reason (New York: W. W. Norton, 2005), 35. 60. Dinesh D’Souza, What’s So Great about Christianity (Washington, DC: Regnery, 2007), 207. 61. Ibid., 214. 62. David Berlinski, The Devil’s Delusion; Atheism and Its Scientific Pretensions (New York: Crown Forum, 2008), 26. 63. Millar Burrows, What Mean These Stones? The Significance of Archeology for Biblical Studies (New York: Meridian Books, 1956), 52. 64. William F. Albright, Recent Discoveries in Bible Lands (New York: Funk and Wagnalls, 1955), 136. 65. William F. Albright, Christianity Today, no. 7 (18 January 18 1963): 3. 66. Sir William Ramsay, The Bearing of Recent Discovery on the Trustworthiness of the New Testament (London: Hodder and Stoughton, 1915), 222. 67. John A. T. Robinson, Redating the New Testament (London: SCM Press, 1976). 68. Simon Kistemaker, The Gospels in Current Study (Grand Rapids, MI: Baker, 1972), 48–49. 69. A. H. McNeile, An Introduction to the Study of the New Testament (London: Oxford University Press, 1953),54. 70. Paul L. Maier, First Easter: The True and Unfamiliar Story in Words and Pictures (New York: Harper & Row, 1973), 122. 71. William F. Albright, From the Stone Age to Christianity, 2nd ed. (Baltimore: John Hopkins Press, 1946), 297–298. 72. Jeffery L. Sheler, Is The Bible True? (New York: HarperCollins Publishers, 1999), 41. 73. Dan Brown, The Da Vinci Code, 231. 74. Philip Jenkins, Hidden Gospels: How the Search for Jesus Lost Its Way (New York: Oxford University Press, 2001), 83. 75. Philip Jenkins, Hidden Gospels мисал келтирилет, 98–99. 76. Chauncey Sanders, Introduction to Research in English Literary History (New York: Macmillan, 1952), 143 ff. 77. F. F. Bruce, The New Testament Documents: Are They Reliable? (Downers Grove, IL: InterVarsity, 1964), 16. 78. Bruce Metzger, Lee Strobelден алынган, The Case for Christ (Grand Rapids, MI: Zondervan, 1998), 60. 79. Жеке кат, Dan Wallace, 6 января 2003. 80. Jacob Klausner, Will Durantтан мисал келтирилет, Caesar and Christ: The Story of Civilisation, pt. 3 (New York: Simon and Schuster, 1944), 557. 81. Sir Frederic Kenyon, The Bible and Archaeology (New York: Harper & Row, 1940), 288–289. 82. Stephen Neill, The Interpretation of the New Testament (London: Oxford University Press, 1964), 78. 83. Craig L. Blomberg, «The Historical Reliability of the New Testament», in William Lane Craig, Reasonable Faith (Wheaton, IL: Crossway, 1994), 226. 84. J. Harold Greenlee, Introduction to New Testament Textual Criticism (Grand Rapids, MI: Eerdmans, 1954), 16. 85. J. Ed Komoszewski, M. James Sawyer, Daniel B. Wallace, Reinventing Jesus, мисал келтирилет. 215. 86. Ibid., 109. 87. John Warwick Montgomery, Where Is History Going? (Grand Rapids, MI: Zondervan, 1969), 46. 88. Louis R. Gottschalk, Understanding History (New York: Knopf, 1969), 150. 89. John McRay, Strobelден алынган, The Case for Christ, 97. 90. Lynn Gardner, Christianity Stands True (Joplin, MO: College Press, 1994), 40. 91. Norman L. Geisler, Christian Apologetics (Grand Rapids, MI: Baker, 1988), 316. 92. F. F. Bruce, The New Testament Documents, 33. 93. Lawrence J. McGinley, Form Criticism of the Synoptic Healing Narratives (Woodstock, MD: Woodstock College Press, 1944), 25. 94. David Hackett Fischer, Historian’s Fallacies: Toward a Logic of Historical Thought, Norman Lда мисал келтирилет. Geisler, Why I Am a Christian (Grand Rapids, MI: Baker, 2001), 152. 95. Robert Grant, Historical Introduction to the New Testament (New York: Harper & Row, 1963), 302. 96. Will Durant, Caesar and Christ, 557. 97. Gottschalk, Understanding History, 161. 98. Eusebius, Ecclesiastical History, bk. 3, chap. 39. 99. Irenaeus, Against Heresies, 3.1.1. 100. Gary Habermas, The Historical Jesus: Ancient Evidence for the Life of Christ (Joplin, MO: College Press, 1997), 224. 101. Joseph Free, Archaeology and Bible History (Wheaton, IL: Scripture Press, 1964), 1. 102. F. F. Bruce, «Archaeological Confirmation of the New Testament», Revelation and the Bible, ed. Carl Henry (Grand Rapids, MI: Baker, 1969), 331. 103. A. N. Sherwin-White, Roman Society and Roman Law in the New Testament (Oxford: Clarendon Press, 1963), 189. 104. Clark H. Pinnock, Set Forth Your Case (Nutley, NJ: Craig Press, 1968), 58. 105. Douglas R. Groothuis, Jesus in an Age of Controversy (Eugene, OR: Harvest House, 1996), 39. 106. Инжилдин өзүндө бул адамдардын өлүмү жөнүндө айтылбаса да, башка тарыхый булактар жана баяндоолор бул жөнүндө бизге айтат. 107. Richard Bauckham, Jesus and the Eyewitnesses (Grand Rapids, MI: Eerdmans, 2006). 108. Flavius Josephus, Antiquities of the Jews, xx, 9:1. 109. J. P. Moreland, Lee Strobelде мисал келтирилет, The Case for Christ (Grand Rapids, MI: Zondervan, 1998), 248. 110. Edward Gibbon, Philip Schaffта мисал алынат, History of the Christian Church (Peabody, MA: Hendrickson Publishers, 1996), chap. 3. 111. Michael Green, «Editor’s Preface» в George Eldon Ladd, I Believe in the Resurrection of Jesus (Grand Rapids, MI: Eerdmans, 1975), vii. 112. Blaise Pascal, Robert W. Gleasonда мисал келтирилет, ed., The Essential Pascal, trans. G. F. Pullen (New York: Mentor-Omega Books, 1966), 187. 113. J. P. Moreland, Strobelден алынган, The Case for Christ, 246–247. 114. Michael Green, Man Alive! (Downers Grove, IL: InterVarsity, 1968), 23–24. 115. J. N. D. Anderson мисал келтирилет, «The Resurrection of Christ», Christianity Today (29 March 1968). 116. Kenneth Scott Latourette, A History of Christianity (New York: Harper & Brothers Publishers, 1937), 1:59. 117. N. T. Wright, Бул видеонун транскриптин Jesus: The Search Continuesту издөө менен окууга болот: The Search Continues Анкерберг Кудай сөзүн изилдөө Институтунун сайтынан, http://www.johnankerberg.org. 118. Paul Little, Know Why You Believe (Wheaton, IL: Scripture Press, 1971), 63. 119. Herbert B. Workman, The Martyrs of the Early Church (London: Charles H. Kelly, 1913), 18–19. 120. Harold Mattingly, Roman Imperial Civilization (London: Edward Arnold Publishers, 1967), 226. 121. Тертуллиан, Gaston Foote мисал келтирет, The Transformation of the Twelve (Nashville: Abingdon, 1958), 12. 122. Simon Greenleaf, An Examination of the Testimony of the Four Evangelists by the Rules of Evidence Administered in the Courts of Justice (Grand Rapids, MI: Baker, 1965), 29. 123. Lynn Gardner, Christianity Stands True (Joplin, MO: College Press, 1994), 30. 124. Том Андерсондун Жош Мак-Дауэлл менен болгон жеке кат алмашуусу, 6 январь 2003 ж. 125. J. P. Moreland, Scaling the Secular City (Grand Rapids, MI: Baker, 1987), 137. 126. William Lane Craig, Strobel мисал келтирилет, The Case for Christ, 220. 127. Encyclopedia International (New York: Grolier, 1972), 4:407. 128. Ernest Findlay Scott, Kingdom and the Messiah (Edinburgh: T. & T. Clark, 1911), 55. 129. Joseph Klausner, The Messianic Idea in Israel (New York: Macmillan, 1955), 23. 130. Jacob Gartenhaus, «The Jewish Conception of the Messiah», Christianity Today (13 March 1970): 8–10. 131. Jewish Encyclopedia (New York: Funk and Wagnalls, 1906): 8:508. 132. Millar Burrows, More Light on the Dead Sea Scrolls (London: Secker & Warburg, 1958), 68. 133. A. B. Bruce, The Training of the Twelve (Grand Rapids, MI: Kregel, 1971), 177. 134. Alfred Edersheim, Sketches of Jewish Social Life in the Days of Christ (Grand Rapids, MI: Eerdmans, 1960), 29. 135. George Eldon Ladd, I Believe in the Resurrection of Jesus (Grand Rapids, MI: Eerdmans, 1975), 38. 136. Encyclopaedia Britannica, s. v. «Paul, Saint». 137. Jacques Dupont, «The Conversion of Paul, and Its Influence on His Understanding of Salvation by Faith», Apostolic History and the Gospel. Ed. W. Ward Gasque and Ralph P. Martin (Grand Rapids, MI: Eerdmans, 1970), 177. 138. Encyclopaedia Britannica, s. v. «Paul, Saint». 139. Ibid. 140. Kenneth Scott Latourette, A History of Christianity (New York: Harper & Row, 1953), 76. 141. W. J. Sparrow-Simpson, The Resurrection and the Christian Faith (Grand Rapids, MI: Zondervan, 1968), 185–186. 142. Dupont, «The Conversion of Paul, and Its Influence on His Understanding of Salvation by Faith», Apostolic History and the Gospel, 76. 143. Philip Schaff, History of the Christian Church (Grand Rapids, MI: Eerdmans, 1910): 1:296. 144. Encyclopaedia Britannica, s. v. «Paul, Saint». 145. Archibald McBride, Chambers’s Encyclopedia мисал келтирилет, (London: Pergamon Press, 1966): 10:516. 146. Philip Schaff мисал келтирилет, History of the Apostolic Church (New York: Charles Scribner, 1857), 340. 147. George Lyttleton, The Conversion of St. Paul (New York: American Tract Society, 1929), 467. 148. Alexander Metherell, Lee Strobelде мисал келтирилет, The Case for Christ (Grand Rapids, MI: Zondervan, 1998), 195–196. 149. John Dominic Crossan, Jesus: A Revolutionary Biography (New York: HarperOne, 1995), 145. 150. George Currie, The Military Discipline of the Romans from the Founding of the City to the Close of the Republic. Индиана университетинин кеңешинин макулдугу менен жарыкка чыккан докладдын фрагменти, 1928, 41–43. 151. A. T. Robertson, Word Pictures in the New Testament (New York: R. R. Smith, 1931), 239. 152. Arthur Michael Ramsey, God, Christ and the World (London: SCM Press, 1969), 78–80. 153. James Hastings, ed., Dictionary of the Apostolic Church (New York: C. Scribner’s Sons, 1916): 2:340. 154. Paul Althaus, Wolfhart Pannenbergда мисалга алынган, Jesus — God and Man, trans. Lewis L. Wilkins and Duane A. Priebe (Philadelphia: Westminster Press, 1968), 100. 155. Paul L. Maier, «The Empty Tomb as History», Christianity Today (28 March 1975): 5. 156. Josh McDowell, Evidence That Demands a Verdict (San Bernadino, CA: Campus Crusade for Christ International, 1973), 231. 157. David Friederick Strauss, The Life of Jesus for the People (London: Williams and Norgate, 1879): 1:412. 158. J. N. D. Anderson, Christianity: The Witness of History (London: Tyndale Press, 1969), 92. 159. John Warwick Montgomery, History and Christianity (Downers Grove, IL: InterVarsity, 1972), 78. 160. Jeffrey Jay Lowder, «Historical Evidence and the Empty Tomb Story» in The Empty Tomb: Jesus Beyond the Grave, Jeffrey Jay Lowder and Robert Price, ed. (Amherst, MA.: Prometheus, 2005), 267. 161. Lee Strobelда мисал келтирилет, The Case for the Real Jesus, 146. 162. Stephen T. Davis, «The Counterattack of the Resurrection Skeptics», in Philosophia Christi, vol. 8, no. 1 (2006): 55. 163. Paul Rhodes Eddy and Gregory A. Boyd, The Jesus Legend (Grand Rapids: Baker Books, 2007), 142. 164. T. N. D. Mettinger, The Riddle of Resurrection: «Dying and Rising Gods» in the Ancient Near East (Stockholm: Almqvist and Wiksell, 2001), 221. 165. Thomas Arnold, Christian Life — Its Hopes, Its Fears, and Its Close (London: T. Fellowes, 1859), 324. 166. Brooke Foss Westcott, Paul E. Little да мисалга алынат, Know Why You Believe (Wheaton, IL: Scripture Press, 1967), 70. 167. William Lane Craig, Jesus: The Search Continues. Видеонун транскриптин Анкерберг изилдөө институтунун сайтынан табууга болот: http://www.johnankerberg.org. 168. Simon Greenleaf, An Examination of the Testimony of the Four Evangelists by the Rules of Evidence Administered in the Courts of Justice (Grand Rapids, MI: Baker, 1965), 29. 169. Sir Lionel Luckhoo, Lee Strobelде мисал келтирилет, The Case for Christ, 254. 170. Frank Morison, Who Moved the Stone? (London: Faber and Faber, 1930). 171. George Eldon Ladd, I Believe in the Resurrection of Jesus (Grand Rapids, MI: Eerdmans, 1975), 141. 172. Gary Habermas and Anthony Flew, Did Jesus Rise form the Dead? The Resurrection Debate (San Francisco: Harper & Row, 1987), xiv. 173. Lord Darling, Michael Greenде мисал келтирилет, Man Alive! (Downers Grove, IL: InterVarsity, 1968), 54. 174. Дан 9 пайгамабарчылыктар жөнүндө көбүрөөк табуу үчүн төмөнкүлөргө кайрыла аласың: Josh McDowell, The New Evidence That Demands a Verdict (Nashville: Nelson, 1999), 197–201. 175. Матай Мт. 27:9–10 Жеремия пайгамбардан деп үзүндү келтирет, бирок чынында ал Зах. 11:11–13. Эгер биз еврейлердин канонунун уюштурулушун карай турган болсок, бул так эместик бизге түшүнүктүү болот. Еврей Жазуусу үчкө бөлүнгөн: Мыйзам, жазуу жана пайгамбарлар. Жеремия пайгамбарлар китебинин биринчиси болгон, ошондуктан еврей окумуштуулары көп учурда пайгамбарчылык китептердин бүт жыйнагын биринчи китептин атынан Жеремия китеби деп аташкан. 176. H. Harold Hartzler, Peter W. Stoner сөз башы, Science Speaks (Chicago: Moody, 1963). 177. Stoner, Science Speaks, 107. 178. Ibid. 179. Edwin Yamauchi, Lee Strobel мисал келтирет, The Case for Christ (Grand Rapids, MI: Zondervan, 1998), 90. 180. Bruce Metzger, Strobel мисал келтирет, The Case for Christ, 71.