Белгилүү америкалык насаатчы Джош Макдауэллдин бул китебинде, автор балдарын Теңирди жана ата-энесин урматтоого тарбиялоодо үй-бүлөсүнүн жана өзүнүн алдында кандай милдеттерди мойнуна алгандыгы жөнүндө айтылат. Автордун өзүнүн жеке тажрыйбасына жана Ыйык Китептеги чындыктарга таянып берген сунуштары балдарына болгон таасирин терең жана натыйжалуу кылууну каалаган жаш, ошондой эле улуу аталар үчүн дагы пайдалуу боло алат. Китептин аягында – негизги эмоциялык муктаждыктарды аныктоого арналган тест окурмандарга бонус катары берилет.
Джош Макдауэлл
АТАНЫН 10 МИЛДЕТИ
Балдарга болгон таасирибизди кандайча терең жана жакшы натыйжалуу кыла алабыз
Кириш сөз
Ата болуш оңой эмес. Өзүмдүн аталык ролума ыраазымын, бул ролду дүйнөдөгү эч бир нерсеге алмаштырбайм, ошого карабастан: «Болбойт! Мындай сүйлөшкөн эмеспиз!» — деп чачымды жулуп, кыйкыргым келген учурлар кездешет.
Аялым экөөбүз дүйнөдөгү эң жакшы ата-энелерден болгубуз келет, бирок туюкка камалганымда, өзүмө «WWJD?»[1] деген суроону берем. Балдарды тарбиялоо боюнча асман канцеляриясы менен ыкчам байланышуу сонун болмок, бирок мен: «Ыйса эмне кылмак?» — деп сурабайм. Теңирибиз бул суроого өтө кыска токтолгону кейиштүү, кантип жакшы ата болуш керектиги жөнүндө кеңири нускама берген эмес. Жалпысынан, Анын бул жөнүндө айткандары талкуулоо түрүндө берилген (мисалы, Лк. 14:26).
«WWJD?» деген суроо мен үчүн мындайча чечмеленет: «Джош эмне кылмак?»[2] Атам өз китебин балдары жөнүндөгү камкордуктун негизги бөлүгү апама жүктөлгөндүгүн мойнуна алуу менен баштайт, анткени, атамдын кызматы — эл кыдырып насаат айтуу болчу. Ошондой болсо дагы, менин ата-энем мурдагы жана азыркы убакта биримдиктүү команда болуп келатышат. Бул команданын кемчиликтери бар беле? Албетте. Атам көп катачылыктарды кетирген, аларды китебинин
Атам өзүнө мүнөздүү кемчиликтерине карабастан, бизди — өзүнүн балдарын, жетиштүү сүйүү көрсөтүү менен тарбиялай алды. Мен дагы үч баламды ушундай тарбиялоого жетишем деп үмүттөнөм.
Ушул себептен атама бул китеби үчүн ыраазымын. Сиз андан, «Татыктуу муунду тарбиялаш үчүн аталар эмне кылыш керек, же эмнени кылбаш керек» деген сыяктуу жөнөкөй тизмени таба албайсыз. Анткени баланы тарбиялоо менен тамак даярдоодогу чеберчиликтин, же дем алыш күндөрүн пландаштыруудагы эпчилдиктин ортосунда эч жалпылык жок (Эң кылдат пландаштыруу дагы ийгиликке кепилдик болуп бербестиги баарыбызга белгилүү). Баланы тарбиялоо, жөнөкөй айтканда, оңой эмес экендигин ар бирибиз билебиз. Бул китеп — атамдын жеке тажрыйбасындагы каталары жана ийгиликтери жөнүндөгү, Ыйык Китептеги чындык жана кээ бир практикалык сунуштар менен коштолгон күбөлөндүрүүсү.
Атам өз жашоосундагы кыйынчылыктарды кантип жеңгендиги жөнүндө чын дилинен айтып бергендиги мен үчүн баалуу. Бул китептин барактарында атам ар убактагыдай эле, өз ишениминде бекем турат. Үй-бүлөсүн талкалаган аракеч атасы жана өзү бала кезинде сексуалдык зордук-зомбулукка туш болгондугу жөнүндө айтып бергендерин көп ирет уккам. Келлини колума алганымда тизелерим бүгүлчүдөй сезилди. Ата болгонумду ошондо түшүндүм, бирок ата болуунун маанисин анда элестете алган эмесмин.
Бирок атамдын бала кезинде канчалык азап тартканын жакында эле болгон үй-бүлөлүк майрамдын убагында сезе баштадым. Апам өзүнүн бала чагында болгон күлкүлүү окуяларды айтып, биз менен бөлүшүп отурду, ошондо карындашым атамдан анын балалыгындагы тамашалуу учурларды айтып беришин суранып калды. Бир азга созулган жымжырттыктан кийин атам: «Менин балалык чагымда эске түшүрө турган бир дагы кубанычтуу нерсе болбоптур», — деди. Эмне үчүндүр анын ушул сөздөрү жүрөгүмдү өзгөчө жаралады. Атам
Ошондой болсо дагы, ондогон жылдар өттү, атамдын азаптуу балалыгы анын бүгүнкү күндө сүйүктүү үй-бүлөсүнүн кучагында отурушуна тоскоолдук кыла алган жок. Ал буга кандайча жетише алды?
Эгерде ушул суроонун жообу сизди кызыктырса, анда бул китеп сизге арналган. Кандай болгон күндө дагы, бул китеп түбүнө чейин кыйраган, бактысыз үй-бүлөлөрдү дагы кайрадан калыбына келтирүүгө Кудайдын кудурети жетери жөнүндө күбөлөндүрөт. Уйкуңуз канбагандыктан жумушта уктап калбайын деп санаа тарткан жаш атасызбы, же узак жылдар бою ата-энелик кызматта такшалган тажрыйбалуу атасызбы,— «Атанын 10 милдети» деп аталган китептен көптөгөн үмүт берүүчү жана жөнөкөй кеңештерди таба аласыз. Китепти окууда сизди жагымдуу маанай коштосун!
~1~
Ата эмне кылууга тийиш?
Мага кылымга тете убакыт өткөндөй сезилди. Кабыл алуу бөлмөсүндө ары-бери басып, токтой албадым. Дотти төрөт палатасында мен күткөндөн узагыраак убакыт кармалды.
Ал кезде энелер үчүн курстар жок эле, ал эми аталарга төрөт убагында аялынын жанында болууга уруксат берилчү эмес. Болочок аталар кабыл алуу бөлмөсүнүн узун-туурасын кадамдары менен өлчөй басып, зарыгып күтүүгө мажбур болушчу. Мен деле адат болгон көрүнүштөн четте калган жокмун.
Акыры, Доттини жана салмагы сегиз фунт, эки унция болгон ымыркайды төрөт бөлмөсүнөн алып чыгышты. Алар башка бөлмөгө жайгаштырылар замат, Дотти кызыбызды мага берди.
Көпчүлүк эркектер сыяктуу, мен да атанын ролуна даяр эмес элем. Албетте, абдан корктум. Ал эми заманбап жашоодо балдарыбызды эмне күтүп турганы жөнүндө ойлонсок, кабатыр болгондон акыл-эсибизди жоготуп коюуга да мүмкүн эле. Ата-энелер бул дүйнөнүн баалуулуктарынын кээ бирин гана балдарына бергилери келишет. Ичимдикке, баңгизатка жана никеге чейинки сексуалдык мамилелерге азгырылуу балдарды барган сайын жашыраак курагында тооруп турат. Мектеп окуучуларынын арасындагы өз ара кордогон мамилелер, зордук-зомбулук жана өспүрүмдөрдүн өзүн өзү өлтүрүүлөрү жөнүндө ар тараптан угабыз. Мунун баары санааркатпай койбойт. Ата эмне кылууга тийиш?
ДЖОШ, СЕН БУГА КАНТИП ЖЕТИШТИҢ?
Көп адамдар менин бала чагымдын тарыхын билишет. Мен шаардык аракечтин уулу элем, ал убактысынын көпчүлүгүндө эс-акылын жогото турган абалга жеткиче арак иччү, апамды сабачу, мага болсо эч кандай көңүл бөлчү эмес. Атамдын мени жакшы көрө тургандыгы жөнүндө бир жолу айтканы дагы эсимде жок. Чындыгында, мындай бактысыз балалык өзүмдүн келечектеги үй-бүлөмө залакасын тийгизбес бекен деп, санаа тартар элем, бул абдан менин тынчымды алчу.
Мага көп учурда: «Джош, сен кантип буга жетиштиң?» — деген суроо менен кайрылышат. Менин бойго жеткен төрт баламды — Келлини, Шонду, Кэтини жана Хизерди көрүшкөндө, аялым экөөбүздүн мындай ишенимдүү машайакчыларды кантип тарбиялай алганыбызга таң калышат. Азыркы күндө төртөө тең үй-бүлөлүү, өз балдарын тарбиялап жатышат. Аялым экөөбүздү куттуктай турган ийгиликтер бар десем болот. Экөөбүз баарын туура жасадык деп ойлогубуз келет, ал эми иш жүзүндө андай эмес. Чынын айтканда, мен көп ирет жаңылыштым, бирок болгон күчүм менен бардыгын кайра оңдоого аракет кылдым. Бул китеп — балдарымды Кудайды жана ата-энесин сыйлоого үйрөтүп тарбиялаш үчүн — Кудайдын, үй-бүлөмдүн алдында жана өзүмдүн алдымда мойнума алган милдеттенмелеримди талдоо болуп саналат. Бирок бул милдеттенмелерди талкуулоодон мурда, балдардын жашоосундагы атанын ролу жөнүндө сүйлөшөлү.
Өздөрүнүн бүгүнкү күндөгү социалдык, рухий жана эмоциялык жеткилеңдиктери үчүн балдарым биринчи иретте аялым Доттиге ыраазычылык айтышса туура болот. Мен аталык ролума абдан олуттуу мамиле кылчумун, андан эч качан четтечү эмесмин. Бирок эс тарткан кезимден баштап эл кыдырып, насаат айтып кызмат кылгандыгымдан, үй-бүлөм менен тыгыз мамиледе болбодум. Ошол эле убакта, Дотти ар дайым балдарымдын жанынан чыкпай, аларга сүйүү менен акыл айтып, багыттап турду. Атанын ролун аткарышыма зор салымын кошуу аркылуу Дотти мага абдан жардам берди. Ал менин экинчи жүрөгүм, экинчи жуп көздөрүм жана кулактарым болду. Мен таптакыр байкабаган нерсени ал көрдү. Анын кыраакылыгы үчүн Кудайды даңктайм! Ал эзели менин оюма келбеген сүйлөө интонацияларын айырмалай алчу. Аялымдын сезгичтиги болбогондо, бул күндө кандай абалда калмакмын! Менин ой жүгүртүү жөндөмүмө салыштырганда анын жүрөгү көйгөйдү алда канча тереңинен көрө билчү — мындай шыкты түшүнүү мен үчүн кыйын эле. Анын сезгичтиги болбогондо, өз ролумду аткара албайт элем. Кыскасы, балдарымдын энеси алардын атасынын бардык жетишпеген жактарын толуктап турду.
Бул китепти азыр көп энелер окуп жатышат деп ойлойм. Иш жүзүндө аялдар эркектерге караганда көбүрөөк окушат. Менин силерге берчү биринчи кеңешим: күйөөңүздү бул китепти окууга көндүрүүгө аракеттениңиз. Ал эми экинчи кеңешим мындай: ал өзүнө атанын он милдетин алууга ниеттенгенде, ага жардамга келүүгө даяр болуңуз. Бул жоопкерчиликтүү демилгени ишке ашырууда ал сиздин сыйлооңузга, колдооңузга, шыктандырууңузга, сооротууңузга жана кабыл алууңузга муктаж болот. Сиз аны өзүңүздүн кыраакылыгыңыз, сезгичтигиңиз жана сергектигиңиз менен колдобосоңуз, ал турмуштагы көйгөйлөрдүн, адамдардын ортосундагы мамилелердин сырларын чече албайт. Ушул себептен Кудай эркек менен аялды бириктирген. Ал ар бирибизди айланадагылар менен мамиле түзүү үчүн керек болгон түшүнө билүү жана башка жөндөмдөр менен куралдандырган. Анын денеси болгон Жыйын дагы буга мисал болуп саналат: «Анткени денебиздин мүчөлөрү көп болгону менен, бардык мүчөлөрдүн кызматы бирдей болбогон сыяктуу эле, биз да көп болгонубузга карабастан, Машайактын ичинде бир денени түзөбүз, ал эми өз-өзүнчө алганда, бири-бирибизге мүчөбүз» (Рим. 12:4–5).
Күйөөлөр, аялдарыңарга көңүл бургула! Жакшы ата болуш үчүн аялыңыздын колдоосуна канчалык муктаж экениңизди элестете да албай жаткандырсыз? Эгерде аялыңыз бул китеп менен тааныша элек болсо, Кудай каалагандай ата болушуңуз үчүн сиз менен бирге окуп чыгышын сураныңыз. Аялдар, күйөөлөрүңөр силерсиз жакшы ата боло алышпайт. Аларга жардамга келгиле. Алар силердин колдооңорго абдан муктаж.
Эгерде сиз балдарын жалгыз тарбиялап жаткан ата болсоңуз, кейибеңиз. Албетте, балдарды энеси жок тарбиялоо алда канча кыйынга турат. Эгерде ажырашкан болсоңуз, мурдагы аялыңыз менен достук мамилени сактоого, балдарыңыз үчүн бул анча идеалдуу эмес кырдаалдын терс таасирин азайтууга аракет кылыңыз. Өзүңүз барган жыйындан ийгиликтүү машайакчы жубайлардын колдоосун алыңыз. Жогоруда айтылгандай, «Машайактын ичинде бир денени түзөбүз, ал эми өз-өзүнчө алганда, бири-бирибизге мүчөбүз». Досторуңуздан жардам сураңыз. Алар дагы бул китепти окуп, силер менен өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, жардам көрсөтүшү мүмкүн. Коомдон бөлүнүп, балдарды ийгиликтүү тарбиялоого мүмкүн эмес. Кудай биздин жубайлык жана ата-энелик милдеттерибизди аткара алышыбыз үчүн бири-бирибизге таяныч болууга чакырган.
Балким, мен башымдан өткөрүп жаткан кырдаал сиздикине окшобостур. Мурда айтып өткөндөй, мен дээрлик өмүр бою эл кыдырып насаат айтып кызмат кылгам, демек, көп учурда үйдө болчу эмесмин. Үйдө, балдарымдын жанында, өзүмдүн оюмдагыдай боло албагандыгым мен үчүн олуттуу көйгөй эле, бирок үйүмө келгенимде, балдарым менен мамилелешүүгө убактымды болушунча арначумун.
Көз ирмемде эле, балдарыңыз бойго жетишет, ата-энесинин үйүнөн чыгып, өз алдынча жашоого кадам жасашат. Убакытты кайра артка кайтарууга мүмкүн эмес. Студенттик курактагы балдары менен мамилесин бузуп алып, кейиген аталардын: «Аларга кичине кезинде жетишерлик убакыт бөлгөн эмесмин», — деп айткандарын угууга болот. Забурда туура айтылат: «Акылдуу болушубуз үчүн, өлө тургандыгыбыз жөнүндө ойлоно жүргөндү үйрөт» (Заб. 89:12). Үйдө болгонумда ар бир бош мүнөтүмдү балдарым менен мамилелешүүгө жумшашым керек экендигин түшүндүм. Мен өткөрүп жиберген убакыттын ордун толтурууга аракеттендим, ошондуктан кезектеги жол жүрүүлөрдүн убагында балдарыма улам-улам телефон чалып, жазып турдум. Алыста жүрсөм дагы, балдарым менен байланышымды үзгүм келген жок.
Ар бир күндү баалаңыз. Балдарыңыздын жанында болуңуз. Бул үчүн убакытты аябаңыз. Атүгүл, өзүңүздүн күн тартибиңизге балдарыңыз менен болгон мамилелешүүңүздү иш жолугушуулары катары киргизсеңиз болот. Алардын жанында болуу мүмкүнчүлүгүн эч жоготпоңуз!
Жакынкы күндөрдө бир ата мага мындай деп кайрылды: «Джош, мен заманбап гаджеттерге теңтайлаша албайм. Менин балдарым өз жашоосун айфон, айпад, айтюнс, СМС-кабар, Интернет, электрондук почта, Твиттер жана классташтары менен киного чогуу баруу сыяктуу нерселерсиз элестете алышпайт. Алар электрондук тор менен чулганып, бардык нерсени ар жерлерден менсиз эле билип алышат. Булардын алдында мен алсызмын!»
Көп аталар ушундай сарсанаага батышат, бирок алар жаңылышат. Сиздин балдарыңызды курчап турган чөйрөдөгү ар түрдүүлүккө жана техникалык жетишкендиктерге карабастан, алардын жашоосундагы эң маанилүү роль сизге таандык.
Жалпы улуттук интернет-изилдөөлөрүнүн натыйжаларына караганда, жаштардын 45%ы өз ата-энелерине окшош болгулары келет экен[3]. Балким, балдарыңыз жаштарга таанымал поп-жылдыздардан, кино кумирлеринен же спорт чеберлеринен үлгү алышат деп ойлогондурсуз. Бирок, андай эмес. Башка социалдык сурамжылоолорго кайрылсак, учурдагы өспүрүмдөрдүн 32%ы досторунан үлгү алышат, ал эми 15%ы гана атактуу адамдарды туураганга аракеттенишет[4]. Ушул эле изилдөөлөргө ылайык — уландар менен кыздардын жүрүш-турушуна өзгөчө чоң таасир берүүчү фактор — алардын жыйырма беш жашка чыкканга чейинки мезгилиндеги сүйүктүү аталарынын мамилеси[5]. Жакында Флорида Университетинин окумуштуулары мындай жыйынтыкка келишти: «Ата-энелер ар кандай ойдо болушу мүмкүн, бирок өспүрүмдөр алардын айтканын
Сиздин балдарыңыз, кээде сиз күмөндөр болгонуңузга карабастан, айтканыңызга кулак салышат дейли. Аларга эмнени айтар элеңиз, билесизби? Кандай баалуулуктарды берүүнү каалайсыз жана жашоодо кандай багытка ээ болушуна түрткү бергиңиз келет?
«Эч нерсени мээлебеген адам бутага тийбейт», — деген сөздү уккандырсыз. Же болбосо: «Кайда баратканын билбеген адам эч жакка жетпейт». Бул ойлор балдарды тарбиялоого карата дагы туура. Эгерде биз, аталар, балдарыбызга кандай баалуулуктарды берүүнү каалай турганыбызды билбесек, албетте, биз аларга эч нерсе бере албайбыз.
Биз балдарыбызды эмнеге даярдап жатканыбызды билүүгө тийишпиз, болбосо бул маселени чече албайбыз. Алардын тагдырынын кандай болушун каалайсыз? Бир аз убакытка ой жүгүртүңүз. Жүрөгүңүздү ачып, абдан сүйүктүү балдарыңыздын кандай адамдардан болушун каалай турганыңызды айтыңызчы?
Жооптордун ар кандай болорун билем. Анда келиңиз, ушул эле суроону Кудайга берели. Адамдарды чексиз сүйгөн Жаратуучу алардын ким болушун каалаар эле? Кээ бир адамдар, Кудай бизден Анын осуяттарын аткарышыбызды гана, башкача айтканда, кызмат кылышыбызды жана тил алышыбызды күтөт деп эсептешет. Балдарыңыздан ушуну эле күтөсүзбү? Кыңк этпей тил алышсынбы? Ыйык Китепте балдар ата-энесинин сөзүн уксун деген осуят бар. Албетте, Ал бизден дагы ушуну күтөт. Бирок мунун себеби Анын буйруктарды таратууну гана сүйгөндүгүндө эмес. Ал чын эле бизден тил алчаактыкты күтөт, бирок өтө олуттуу себептин негизинде.
Ыйса шакирттерин Мусанын мыйзамдарын аткарууга үйрөтөт. Ал шакирттеринин Кудайга берилип, ишенимдүү болушун жана Ыйык Китептеги осуяттарды аткарышын күтөт. Бирок Ыйса эмне үчүн алардын берилгендигинен үмүт кылып жаткандыгынын себебин түшүндүрөт, мунун ар бирибизге тиешеси бар. Мына Анын сөзү:«Силерде Менин кубанычым болсун деп, силерде толук кубаныч болсун деп, Мен силерге ушул сөздөрдү айттым» (Жакан 15:11). Теңир балдары үчүн толук кубанычты даярдаган экен. Балдарыбызга биз дагы ушуну каалаарбыз? Биз алардын бактылуу болушун тилейбиз. Алардын бакубат жашоодо, кырсыктардан тышкары, өз алдынча ой жүгүртүп, максатка умтулуп, ийгиликтүү өмүр сүрүшүн каалайбыз. Көп ата-энелер белгилүү эрежелердин топтомун аткаруу — бактылуу жашоонун зарыл шарты деп эсептешет. Бул ынанымда негиз бар!
Дөөт падыша жана анын уулу Сулайман өздөрүнүн акылмандыгы менен бөлүшүп кетишкен:
Туура жолдо жүргөндөр, Теңирдин мыйзамын сактагандар бактылуу. Анын мыйзамын сактагандар, Аны чын жүрөгү менен издегендер бактылуу.
Мени осуяттарыңдын чыйыр жолуна сал, анткени мен ошол жолду каалайм.
Ал [мыйзам] меники болуп калды, анткени мен Сенин мыйзамдарыңды сактап жүрөм.
Уулум! Эгерде менин сөздөрүмдү кабыл алсаң, менин акыл-насааттарымды сактасаң, кулагыңды акылмандыкка төшөсөң, жүрөгүңдү ой жүгүртүүгө бурсаң… (…) Ошондо сен жакшылыкка алып бара турган жолдорду: чындыкты, адилеттикти, чынчылдыкты түшүнөсүң. Акылмандык жүрөгүңө киргенде, билим жаныңа жакканда, сени эстүүлүк сактап жүрөт, акыл кайтарып жүрөт…
Биз, аталар, балдарыбыздын жеткилең кубанычка толгон жашоодо өмүр сүрүү Кудайдын бизге берген акылмандуулугун түшүнүүгө негизделерин, ошондо туура адеп-ахлактуу тандоо жасоого мүмкүндүк аларыбызды билишин кантип каалабайлы? Биз балдарыбыздын рухий жактан жеткилең, бул дүйнөнүн ыймансыз таасирине каршы турууга жөндөмдүү улан-кыздардан болуп өскөнүн көргүбүз келет. Бойго жетип, ата-энесинин үйүнөн кеткенге чейин, алардын турмушка карата туура көз карашын жана Кудай менен болгон мамилесин калыптандырсак дейбиз; анткени бул аркылуу балдарыбыз жашоодогу ар кандай татаал көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүндүк алышмакчы.
Менин китебим дал ушул жакшы максатка карай жол салууну көздөйт. Сизге мени менен чогуу атанын он милдетин карап чыгууну сунуш кылам; бул милдеттер балдарыңызда алар ата-энесинин үйүнөн кеткенге чейин жети маанилүү жакшы сапаттарды калыптандырууга жардам берет:
1. Кудай менен туура мамиле;
2. Адамдар менен жакшы мамиле;
3. Өзүнө туура баа берүү;
4. Жүрүм-турум тазалыгы;
5. Инсандык жеткилеңдик;
6. Терең ынанымдар;
7. Ийгиликтен текеберденип кетпөөгө жана ийгиликсиз кырдаалдарды жеңүүгө жөндөмдүүлүк.
Эгерде балдарыңыз ушул жети жакшы сапатка ээ болушса, алардын кубанычы жеткилең болот, демек, сиз да кубанасыз.
Уруксат берсеңиз, мен сизге ачыгын айтайын: бул дүйнөдө кемчиликсиз аталар жок. Китепте саналып өткөн он милдеттин бардыгын кынтыксыз аткара албайсыз. Өзүңүзгө алган милдеттенмелерди аткарууга чын дилиңизден умтулсаңыз дагы, аларды коштогон принциптерди колдонууга ар дайым эле мүмкүнчүлүгүңүз боло бербейт. Ооба, Кудайдын, өзүбүздүн, балдарыбыздын алдында кандай гана болбосун милдеттенмелерди алып жатканыбызда — аларды аткарабыз деген күчтүү каалоого жетеленебиз; бирок биз адам болгондуктан, жеткилең эмеспиз.
Дагы бир жолу кайталайм: милдеттенме алуу менен бирге сиз ар дайым аларды аткарууга умтуласыз, же болбосо бардык күчүңүз менен аларды жасоого аракеттенесиз; демек, сиз алган милдеттенмелер убактылуу каалоолордон же тилектерден улам келип чыкпаганын билдирип турат. Бирок милдеттенмелердин бардыгын аткарган күндө да, сиз ийгиликке кепилдик албайсыз. Ошентсе да, жогоруда айтылгандардын бардыгын эске алып, сизге атанын он милдетин аткарууга болгон аракетиңизди жумшоону сунуш кылам.
Машайакчы катары, сиз балдарыңыздын касташкан дүйнө менен жолугууга даяр болгонун көргүңүз келет. Аларды Кудайдын бактылуу жана баталуу жашоого алып бара турган осуяттарын урматтаганга тарбиялаш үчүн күч жумшап жатасыз деп ойлойм. Балдарыңызда жогоруда саналган жети жакшы сапатты калыптандырууга умтулуп жатканыңызда шек жок. Андай болсо, сиз он милдеттенмени өз мойнуңузга алып, төмөнкүлөрдү аткарууга аракеттенүүгө даярсыз:
1. Ар дайым балага чындыкты сүйүү менен айтуу;
2. Баланын ордуна эмес, баланын алдында жоопкерчиликти алуу;
3. Бала үчүн ал туурай турган үлгү болуу;
4. Балага Кудайдын ким экендигин жана Анын кимге окшош экендигин түшүндүрүү;
5. Баланы өзүмчүл болбоого үйрөтүү;
6. Балага чыныгы сүйүү деген эмне экендигин түшүндүрүү;
7. Баланы жакшылыкты жамандыктан ажырата билүүгө үйрөтүү;
8. Балага Кудайдын интимдик мамилелерге карата көздөмүн түшүндүрүүгө аракеттенүү;
9. Балага биздин ишенимибиздин маңызын түшүндүрүү;
10. Баланы ыраазы болууга тарбиялоо.
Бул китепте аталган он милдетти кантип ишке ашырууга боло тургандыгын билүү максатында ой жүгүртөбүз. Ушундан кийин деле, балдарыңыз мыкты тарбияга ээ болушат деп кепилдик бере албайм. Сиз канчалык жеткилең ата болуп, Кудайды, адамдарды сүйүүгө үйрөтсөңүз дагы, жашоодогу жолду тандоодо балдарыңыз өздөрү чечим кабыл алышат. Сиз алардын ордуна чечим кабыл ала албайсыз, бирок аң-сезимдерине бекем фундамент орнотуп, туура үлгү көрсөтүп, чындык жолуна багыттай аласыз.
Адамда машайакчылык ишеним, адеп-ахлактуулук сыяктуу эле, жекшемби күндөрдөгү эс алуулардын убагында, же бир жарым айлык Ыйык Китепти үйдөн изилдеп окуунун убагында пайда болбойт. Ал күн сайын, айлап-жылдап балдарыбыз менен мамиледе болгонубузда келип чыгат. Мен Кудай, жашоо, сүйүү, адамдар менен болгон мамилеге байланыштуу чындыктарды түшүндүрүүгө багытталган, атайы убакытты талап кылган байланыш жөнүндө айтып жатам.
Муса Ысрайыл элине Кудай-Теңириңди чын жүрөгүң менен, жан-дилиң менен, бардык күч-кубатың менен сүй, Кудайдын осуяттарына баш ий дегенден кийин, дагы муну айткан:
…Аларды үйдө отурганыңда да, жатканыңда да, турганыңда да балдарыңа кайра-кайра айтып үйрөт. Аларды эсиңден чыгарбаш үчүн, колуңа байлап, маңдайыңа таңып ал.
Тарбиялоонун үзгүлтүксүз процесси жөнүндө айтып жатканымды түшүндүңүз деп ойлойм. Мусанын убагында ушундай болгон, азыркы күнгө чейин бул туура болуп кала берет.
~2~
Биринчи милдет
Ар дайым балага чындыкты сүйүү менен айтууга аракеттенүү
— Джош, мен балдарыма эмне дешти билбей калдым, — атанын үнүнөн айласы куруганы билинип турду. Мен тарбия жөнүндөгү насаат сөзүмдү жаңы эле айтып бүткөн элем. Жолумду тосо чыккан адам анын он жетиге, он үчкө жана онго чыккан үч уулу бар экенин айтты. Ушул үч уулу ал адам өзү багуучу болуп кызмат кылган жыйындагы эң тил албаган балдар экен.
— Мен колумдан келгенинче баарын жасап жатам, — деп улантты ал. Эртеден кечке чейин Кудайдын чындыктарын үйрөтөм. Алар менин тилимди алууга тийиш экендиктерин билишет, бирок мунун ордуна айткан насаатыма каршылык кылып, мага ачууланышат. Эмне кылышым керек?
Биздин көз алдыбызда балдарын туура жашоого үйрөтүүгө болгон күчү менен аракеттенген ата турат. Бул жөнүндө ачык айтпаса дагы, бардык эле аталар сыяктуу ал дагы балдарынын бактылуу болушун каалайт, ошондуктан туура эмес жүрүм-турум жакшылыкка алып барбасын аларга түшүндүргүсү келет. Баарыбыз эле балдарыбыздын туура иш кылышын, жамандыктан алыс болушун каалайбыз.
Ал адамдын ийнине колумду коюп, тике карап муну айттым:
— Бир тууганым, менин кеңешим — эрежелерден бошонуңуз.
— Эмне?.. — деп жиберди, уккан кулагына ишенбегендей. — Көйгөйдүн баары дал ушунда! Алар ансыз деле эч кандай эрежеге баш ийишпейт жана баш ийчү ойлору жок!
— Эмне айткыңыз келгенин түшүнүп турам, — деп жооп бердим мен, — бирок кайталап айтам: өзүңүздүн эрежелериңиз жөнүндө унутуңуз[7].
Кээ бир аталар балдарын чындык жолуна салууга аракеттенип жатып, болгону балдарынын каршылыгына дуушар болушат. Мындай аталарга Ыйык Китеп мындай кеңеш берет: «Аталар, силер да балдарыңырды кыжырдантпагыла, аларды Теңирдин үйрөтүүсү жана акыл-насааты менен тарбиялагыла» (Эф. 6:4). Биз, аталар, кантип балдарыбызды каяша кылууга мажбур кылып алабыз? Менин досум, жыйын багуучусу, үч тентек баланын атасы дал ушундай катаны кетирди: ал балдарын эрежелер менен «таңды», натыйжада балдары кыжырданышты.
Ыйык Китепте «кыжырдануу» деген сөз эмнени түшүндүрөт? Эфестиктерге жазылган каттын 6-бөлүмүндө грек тилиндеги parorgizo деген этиш колдонулган, анын так мааниси — «каарды пайда кылуу». Ушул аят аталардын: «Балдарыма карата көнүмүш мамилем аркылуу аларда каарданууну пайда кылып жаткан жокмунбу?» — деп ойлонууга чакырат. Биздин сөздөрүбүз менен ишибиз, ошондой эле сөздү кантип айтып, ишибизди кандайча жасап жаткандыгыбыз ушундай натыйжага алып келиши мүмкүн.
Ыйык Китептин англис тилиндеги заманбап котормолорунун биринде бул аят мындайча айтылат: «Аталар, балдарыңарды
«Аталар, балдарыңарды тарбиялоодо чектен ашыра тырышпагыла, болбосо аларга осуяттарды аткаруу кыйын болот» (The New Testament in Modern English). «Тирүү Ыйык Китеп» (The Living Bible) мындай кеңеш берет: «Балдарыңарды ар дайым
ТАРБИЯЛООДОГУ ТӨРТ ТҮРДҮҮ МАМИЛЕ
Машайакчы ата болгонуңузга жараша, балдарыңыз үчүн эң жакшы нерселерди каалайсыз. Тарбиялоо насаат айтуусуз жана эрежелерсиз мүмкүн эмес деп эсептейт болушуңуз керек деп ойлойм; ошол эле убакта, балдарыңыз алардын кээ бирин: «жагымдуу убакыт өткөрүүмө чек коюп жатат» деп кабыл алып, өзүңүздү накта тажатма адам катары эсептеши мүмкүн. Сиз балдарыңыздын: «Эмне үчүн мага ар дайым тыюу саласыңар!», «Кандай кызыксыз жашоо!» же «Болгону, сиз мага уруксат бергиңиз келбей жатат!» дегенин уктуңуз беле? Мунун себеби, балдар адатта, аларга эмне үчүн кандайдыр бир чектөөлөрдү коюп жаткандыгыбызды түшүнө алышпайт. Ошондуктан, ата-энелери алардан эрежелерди аткарууну талап кылганда, көп учурда пикир келишпестиктер жана үй-бүлөлүк чатактар келип чыгат. Кээде биз канчалык көп эрежелерди орноткон сайын, ошончолук балдарыбыз менен болгон мамилелерибиз кыйындап жаткандай сезилет.
Балким, биз ата-эненин бийлиги, алар менен балдардын ортосундагы байланыштын стили тууралуу түшүнүгүбүздү башка бирөөлөрдөн көрүп өздөштүргөн болушубуз мүмкүн. Сиздин тарбиялоого карата мамилеңизге бала чагыңыздагы үй-бүлөдөгү атмосфера — эрежелердин бар же жоктугу, ошондой эле ата-эне менен балдардын ортосундагы мамиле таасир этери бышык. Демек, балдарыбыз менен биздин ортобуздагы байланышыбыз алардын алдына коюп жаткан эрежелерди өзүбүз кандай түшүнүп жатканыбызга, балдарыбызга карата мамилебизге жараша болот.
«Сен сабагыңды окудуңбу?»
«Мен сага айткандай, таштандыны чыгардыңбы?»
«Сен үйгө саат ондон калбай келүүгө тийиш экениңди унуткан жоксуңбу?»
Бул өкүмчүл ата колдонуучу суроолор. Бирок өкүмчүл тарбия суроолордун мүнөзү менен эмес, бийлик колдонууга карата мамиле менен мүнөздөлөт. Өкүмчүл же адатта
Ашынган өкүмчүл ата балдарынын үстүнөн чексиз бийликке ээ, бул көп учурда эмоциялык жана денелик зомбулукка алып келет. Бирок эрежелердин аткарылышына мынчалык катуу талап койбогон зөөкүрлөр балдары үчүн «үй-бүлөлүк жыргалчылыкка» окшош шартты түзүүгө жөндөмдүү. Алар балдарын материалдык жактан камсыздоого жоопкерчилик менен мамиле кылышат, досторду тандоодогу эркиндигин чектешпейт, жалпысынан «нормалдуу жашоого» зарыл болгон нерселерге кепилдик беришет. Мындай аталар баласына эч качан кол көтөрбөйт, тил албаганы үчүн сарайга камабайт, бирок үй-бүлөдө өздөрүн катаалдык менен алып жүрүшөт. Эрежелерге басым жасоо менен катар алар балдары менен жакын, ынак мамиле түзүүгө маани беришпейт.
Тактай селкинчекти элестетип көрүңүз, бир жагы өтө жогору көтөрүлгөн — «эрежелерди аткарууга басым жасоо», экичи жагы жерге тийип турат — «жакын мамилелерге маани бербөө».
ӨКҮМЧҮЛ АТА
Диктатордук режим балдарды эки түрдүү айлага мажбурлайт: же
Ал эми бала
Өкүмчүл ата-эненин колунда чоңойгон бала өзү үй-бүлөлүү болгондо, балдарына карата ата-энесинин тарбиялоо стилин кайталайт. Кайсы бир адамдар карама-каршы жакка карай ооп кетишет да, иш жүзүндө балдарынан бир дагы эреженин аткарылышын талап кылышпайт. Тарбиялоодогу мындай ыкма мыйзам ченемдүү түрдө
Тактай селкинчектин сүрөтүнө кайтып келели. Мында биз өкүмчүл атанын учурундагыдан башкача абалды байкайбыз. Балдары менен жакын мамилени көрсөткөн жагы жогору көтөрүлгөн, ошого жараша, эрежелерге тийиштүү жагы таптакыр жерге тийип калды. Атанын эрежелерге карата мындай көңүл коштугунун натыйжасында анын балдары менен болгон мамилесинде үстүрттүк жана чалалык орун алат. Мындай үй-бүлөдө бала: «Атамдын мени менен эч кандай иши жок», — деген кейиштүү тыянакка келет.
БОШОҢ АТА
Бошоң аталар тараптан ишке ашырылып жаткан
Бошоң ата-энелердин колунда чоңоюп жаткан балдар көп учурда ата-энеге үстөмдүк кылышат. Бир жолу мындай көрүнүшкө туш болгон элем: абдан селкинчек тепкиси келген төрт жашар баласын атасы машинага отругузууга аракеттенип жаткан.
— Кел, Джонни, биз кетүүгө тийишпиз. Суранам, машинага отурсаң, — деп уулуна жалына баштады атасы, бирок тигил кулак салган да жок. Эки мүнөттөн кийин атасы суранычын кайталады. Эмоция жок. Дагы убакыт өттү. Акыры атасы катаалдык менен айтты: — Уксаң мени, Джонатан Дейвид, машинага отурууга тийиш экениңди он жолу айткым келбейт!
Бошоң ата-эненин тарбиясында чоңоюп жаткан балдар эмнени кааласа, ошону кылышат, бирок аларды диктатордук режимдеги балдарга караганда бактылуураак деп айтыш кыйын. Анткени тигил учурдагыдай эле, бул учурда да, эреже менен жакын мамиленин ортосундагы тең салмактуулук сакталбай жатат. Чынын айтканда, эрежелердин жоктугунан улам, бала: «Эгерде атам мен жөнүндө чындап кам көргөн болсо, эмне кылып жатканыма көбүрөөк кызыкмак… Жок дегенде, анда-санда “жок” деп айтмак… Ал мени жакшы көрбөйт го», — деген ойго келет.
Тарбиялоого карата мындай мамиле — бул
Бир нече күндөн бери жумушчулардын биргадасы ата-энемдин фермасындагы кичине үйдү домкрат менен көтөрүп, башка жерге коюунун үстүндө иштеп жатышкан. Улуу бир тууганым Уилмонт атамдын каршылык көрсөткөнүнө карабастан, бул үйдү турган ордунан алып кетүүнү чечкен. Уилмонт мурдатан бери атам менен жоолашып жүргөн. Акыры бул кастык күчөй берип, үй-бүлөлүк ферманын жарымын ээлөөгө багытталган согушка айланды. Бир тууганым соттук териштирүүдө ийгиликтүү жеңип чыкты да, ошол күнү шериф жана анын жардамчысы менен бирге келишти. Уилмонтко үйдү өз участогуна алып кетүүгө уруксат бере турган соттун токтомун ала келишиптир.
Мен колумдан келишинче бул үй-бүлөлүк жаңжалдан четте болууга аракеттенгем. Атам менем бир тууганымдын ортосундагы жоолашуудан тажап, алардын мамилелерине аралашкым келбеди. Бүгүн мен жөн гана үйдү кантип сүйрөп кете тургандыгын карап турайын дедим: он бир жаштагы бала үчүн бул көрүнүш кыдырып жүргөн цирктин гастролуна караганда алда канча кызыктуу эле.
Мына, сүйрөткүчтөр чатакка түшкөн үйдү ордунан жылдырууга даяр болгондо, менин адаттагыдай эле мас атам Уилмонтту урушуп, кыйкыра баштады. Шериф тартипти сакташ үчүн, теңселип турган атамды көздөй шашылды.
Бирок кеч болуп калды. Бир тууганым атамдын чатакты баштаарын билгендей, айылдык кошуналардын колдоосуна ээ болуп, аларды жанына чогултуп алыптыр. Шериф жаңжал чыгарып жаткан атамды аргасыздан камакка алайын деп жатканда, бир тууганымдын жан-жөкөрлөрүнүн бирөө атамды сөгүп баштады.
Мен көрөйүн деп келген кызыктуу көрүнүш адаттагы маскарачылыкка айланып баратканын үрөйүм учуп карап турдум. Чатак бара-бара мушташка айланат деп корктум. Досторумдун, кошуналардын көз алдында болуп жаткан биздин үй-бүлөлүк чатагыбыздан улам басынып, качып барып жакын жердеги сарайлардын бирөөнө жашындым. Эшикти тарс жаап, кампага кирдим да, жүгөрүнүн арасына башымды каттым.
Караңгыда, жымжырттыкта отурганымда, мендеги уялуу сезими бара-бара каарга айланды. Атамдын көп ичкендигинин кесепетинен үй-бүлөбүздө ушундай чатак келип чыкканына ачууландым. Анын дээрлик эч качан соо болбогонуна, апамды көп азапка туш кылганына ачууландым. Бирок мени баарынан көп кыйнаганы — жалгыздыкты сезүү эле.
Жүгөрүнүн арасында канча саат жатканымды билбейм, бирок мени эч ким издебеди. Менин кайда кеткенимди атам билген да жок. Мен өзүмдү баары унутуп кеткендей, эч кимге керегим жоктой сездим.
КӨҢҮЛКОШ АТА
Атанын киришпестиги же аны менен мамиленин жоктугу балага: «Сен эч нерсеге арзыбайсың. Сенин эч кимге керегиң жок. Сен — санда жок адамсың», — деген кабарды берет. Буга чейинки каралган учурдагыдай эле, мында дагы баланын жан-дүйнөсүндөгү азаптануусу катылган жек көрүүгө же ачык баш ийбөөгө айланышы мүмкүн.
Тарбиялоого карата мындай мамиле — жөн гана
Менин багуучу досум өз үй-бүлөсүндө нааразы жана тил албас балдардын каршылыгына туш болду. Бул учурда көйгөй балдарда гана эмес, атанын өзүндө дагы экендиги анык. Кезеги келгенде мен ага: «Досум, балдарың бул эрежелер эмне себептен орнотулгандыгын билишеби?» — деген суроону бергим келет. Эмне үчүндүр, алар билишпейт деп ойлойм. Атасы балдарына талапты катуу койгондугунун себебин өзү биле тургандыгынан күмөн санайм.
ЖАКШЫ КӨРГӨН АТА
Бирок эрежелер балдарды жакшы көргөндүктөн орнотулуп жатса, алардын максаты дагы түшүнүктүү: балдар жөнүндө камкордук жана алардын кызыкчылыктарын коргоо.
Аталарга балдарды кыжырдантпоо жөнүндө насаат айткандан кийин, Пабыл мындай деп кошумчалайт: «…аларды Теңирдин үйрөтүүсү жана акыл-насааты менен тарбиялагыла». Теңирдин насааттары бизге жакшылык гана алып келүүгө багытталган. «Эврейлерге жазылган каттын» автору мындай дейт: «…Теңир кимди сүйсө, ошону жазалайт… (…) … бизге пайдалуу болушу үчүн, Өзү ыйык болгонундай, бизди да ыйык кылыш үчүн жазалайт» (Эвр. 12:6, 10).
Балдар таарынып, ачууланып, алардын кызыкчылыгы үчүн орнотулган эрежелерге баш ийүүнү каалабашы мүмкүн. Мындай учурда эреженин аткарылышын туруктуулук менен талап кылуудан баш тартуу туура эмес болуп көрүнөт. Балдарды баш ийдирүүгө тырышуу — аларды тарбиялоодогу натыйжалуу ыкма деген пикирди угуп жүрөбүз. Бирок жалпысынан мындай мамиле балдар тараптан жек көрүү менен ачууланууну күчөткөндөн башка эч нерсеге алып келбейт. Балдарга берип жаткан эрежелерибиз аталык сүйүүбүздөн келип чыккандыгын, алар Теңирдин үйрөтүүлөрү жана насааттары сыяктуу эле пайдалуу экендигин түшүнүүлөрү зарыл. Балдарыбызга сүйүүбүздү көрсөтүп жатып, биз, аталар, Кудайдын чындыгы менен үй-бүлөлүк эрежелерди айкалыштырууга үйрөнүүгө тийишпиз.
ЧЫНДЫКТЫ КАНТИП АЙТУУ КЕРЕК
Элчи Пабыл Эфестиктерге жазган катында бизди «чындыкты сүйүү менен айтууга» чакырат (Эф. 4:15, NIV)[9]. Муну менен элчи Кудайдын чындыгы жана биз орноткон эрежелер ар дайым сүйүүгө толгон жүрөктөн чыгууга тийиш экендигин айткысы келет. Эрежелердин аткарылышы балдарыбызга жакшылык алып келет деп ишенгенибизде гана, аларды аткарууга талап кое алабыз. Ата-эне эрежени эмес, балдарын сүйгөндүктөн балдарынын тил алчаак болушун каалайт. Ошондой болсо дагы, балдардын көпчүлүгү алардын пикири боюнча “анча маанисиз» болуп эсептелген «нерселерге» көңүл бургулары келбейт. Кандайдыр бир деңгээлде алардыкы да туура.
Тарбиялоого карата мамилесинин кандай экендигине карабастан, эркектердин дүйнөгө көз карашы аялдардыкына салыштырмалуу рационалдуулугу менен айырмаланат. Албетте, бул көрүнүштө дагы ар кандай өзгөчөлүктөр болушу мүмкүн. Бирок аталардын «апакай, жумшак» деген номинациянын жеңүүчүлөрүнөн болгондугу өтө эле сейрек кездешет да, мамиле куруудагы чеберчилиги менен мактана алышпайт. Бирок бул эркектер достук мамилени сактай алышпайт, туугандар менен болгон байланышты баалашпайт дегенди билдирбейт.
Алардын көпчүлүгү бул маселелерди мыкты чечишет. Анткен менен, дээрлик бардык эркектер үчүн чындыкты сүйүү менен айтуу жана балдарынан орнотулган эрежелерди аткарылышын талап кылуу кыйынга турат. Арабыздан көпчүлүгүбүз: «Мамилелериңдин кандай экендигине карабастан, эрежени эрежедей аткар», — деп айтмакпыз, туурабы?
Иштин маңызы мында: Кудай бизди жаратып жатканда, эрежелерди аткаруу менен бирге жакын мамилелерди түзүп жана сакташыбызды каалаган. Жашообузда бакубаттуулугубуз жана коопсуздугубуз үчүн орнотулган эрежелер бар. Биздин сүйүүбүз кымбат адамдарыбызды коргоп, кам көрүүгө шыктандырат.
Балдарыңызга: «Ысык мешке тийбе», «Жолдон өтүп баратканда, эки жагыңды кара», же «Ылдамдыкты чектен ашырба», — деп айтууңузга эмне түрткү берет? Сүйүүңүз түрткү берет. Балдарыңыздын азапка туш болбошу үчүн аларды эрежелер менен чектейсиз. Сүйүү жөнүндө бир мүнөткө унута турган болсок, бул эрежелер дароо жагымсыз тоскоолдуктарга айланат.
Ошондуктан биз, аталар, эрежелерди орнотуп жатып, балдарыбыз аларга карата өзгөрүлбөс сүйүүбүз жөнүндө биле тургандыгына ынанууга тийишпиз. Асмандагы Атабыз дагы дал ушундай кылат, бирок бул жөнүндө көп учурда унутуп коебуз. Теңир эч качан биздин ар бир жаңылыштыгыбызды жана катабызды эсептеп көрсөтүп, ар бир кадамыбызды текшерген өкүмчүл көзөмөлчү болгон эмес. Бирок Ал эч качан баарына уруксат берген, кенебес Жаратуучу да болгон эмес. Ал бизди сүйгөн, биз үчүн эң жакшы нерселерди каалаган Кудай. Дөөт падыша мындай деп айткан: «Оо Теңир, мага калыстык кыл, анткени мен айыпсызмын. Сага таянам, солк этпейм… Анткени Сенин ырайымың менин көз алдымда, ошондуктан мен Сенин чындыгың боюнча жүрдүм…» (Заб. 25:1,3). Дөөт үчүн Кудайдын чындыгы Анын ырайымы менен тыгыз байланышта. Биздин Теңирибиз — сүйүүчү Кудай, Анын эрежелери биздин Аны менен болгон мамилебиздин өнүгүшүнө жана бекемделишине шарт түзөт. Эгер билсеңиз, дал ошол эрежелер туура мамилелерге негиз болуп берет. Ушул ойду мен балдарыма жеткирүүгө бүт күчүм менен аракеттендим.
— Атаке, бул жерде ушунчалык көңүлдүү, — деди кубанычтуу толкундана Келли.
Мен телефондун трубкасын кулагыма такай, экинчи кулагымды колум менен жаптым.
— Кызым, сени укпай жатам, — деп жооп бердим мен. Катуураак айтчы. — Келлинин курбу кызынын үйүндө классташтары сегизинчи классты аяктагандыктарын майрамдап жатышкан. Алардын ызы-чуусунан улам кызымдын үнүн уга албай жаттым.
— Сара анын үйүндө калууну сунуштап жатат, — ызы-чуунун арасынан кызымдын үнү угулду. — Уруксатпы?
Бир нече суроо бергенден кийин, эркек балдардын кээ бири дагы саат ондон кийин үйлөрүнө кетпей турганын түшүндүм. Алар жашырынып, отурушка ичимдик ала келбегенине ким кепилдик бере алат?
— Кызым, отуруш бүткөндөн кийин үйгө түз келгениң туура болот деп ойлойм, — дедим мен.
— Ата, уксаңыз, — деп каршылык көрсөтө баштады Келли, — Саранын ата-энеси биз менен чогуу. Алар бизден көздөрүн алышпайт!..
— Алардын жоопкерчиликтүү экендигинен шек санабайм, — деп макул болбодум мен, — бирок отуруштагы кээ бир балдар жөнүндө андай ойдо эмесмин.
Келлинин классташтарынын арасынан бирөө пиво ичип, көңүлдүү убакыт өткөрүүнү жактыргандыгы менен белгилүү болгон. Кызымдын мындай күмөндүү адамдардын арасында болушуна жол бергим келген жок.
Мындан кийинки жарым сааттын аралыгында Келли үч ирет телефон чалды. Бир убакта ыйлай баштады, анын мынчалык өжөрлөнүп жаткандыгынын себебин кийин билдим. Келлинин курбу кыздарынын бир тобу дагы ошол үйдө калууну чечишиптир, бирок бул үчүн ата-энелеринин уруксатын алууга туура келмек. Алар мындай план түзүшөт: адегенде Келли Макдауэллдин атасынын макулдугун алып, андан кийин ата-энелерине: «Атүгүл Джош Макдауэлл кызына түнгө калууга уруксат берди», — дешмек. Бирок мен айтканымдан кайтпадым.
— Келли, саат ондо үйдө болууга тийишсиң, — дедим мен, эч кандай каяшага жол бербей турган үн менен.
— Макул, — деди кызым бошоң үн менен.
Мен кызымдын чындап бышактаган үнү угулуп жаткан телефондун трубкасын илдим. Аны эч капа кылгым келген эмес эле, бирок менин талаптарым анын кызыкчылыгын көздөй тургандыгынан күмөн санаган жокмун.
Мен орноткон эрежелер жана чектөөлөр балдарыма жакшылык каалагандыгымдан гана келип чыккан. Бул мен тараптан болуп жаткан көзөмөлдөө эмес эле. Кудай жөнүндө дагы ушундай айтсак болот. Ал берген ар бир осуят, мыйзам же эреже бизди коргоого жана жакшылыкка жеткирүүгө багытталган. Шакирттерине бир нече осуятын айткандан кийин, Ыйса аларга мындай деген: «Эгерде ушул билгениңерди аткарсаңар, анда бактылуусуңар» (Жкн. 13:17).
Дагы бир жолу кайталап кетейин, Кудайдын эрежелери бизди коргоого жана жакшылыкка жеткирүүгө багытталган. Муса Ысрайыл уулдарына кайрылып, муну айткан: «…өзүңө жакшы болуш үчүн, мен бүгүн берип жаткан Анын мыйзамдары менен осуяттарын сакташыңды талап кылып жатат» (Мыйз. 10:13). Кудайдын кайсы гана болбосун осуяты Анын адамдарга карата болгон сүйүүсүнөн жана аларды жамандыктан сактоону каалагандыгынан келип чыгат. Биздин балдарыбызга берип жаткан эрежелерибиз дагы ушундай эле мотивацияга негизделиши керек. Балдарыбыздын бул жөнүндө билгендиги маанилүү. Ушундай шартта гана аларды «Теңирдин үйрөтүүсү жана акыл-насааты менен» (Эф. 6:4) тарбиялаган болобуз.
Келлиге курбу кызынын үйүндө түнөп калышына уруксат бербей, саат ондо үйдө болушун талап кылып жатып, мен кызымдын кызыкчылыгын көздөдүм. Мен мыйзамчыл адамдын ролун ойногум келген эмес, бирок ага жакшы болсун деп, айтканымдан кайтпадым. Кызымдын социалдык, рухий жана эмоциялык жактан туура өсүшү үчүн анын тарбиялуу адамдардын арасында болушуна кызыкдар элем, ошондой эле аны жаман чөйрөнүн таасиринен сактагым келди. Бирок абдан кубанта турган нерсе: кызым мени түшүндү!
Ошол кечте Келли үйгө кайтып келгенде, Дотти экөөбүз уктап калганбыз. Ал бөлмөбүзгө кирип, бизди ойготту. Анын суранганына көнбөгөнүбүз үчүн ыраазычылыгын айтты. «Ата, — деди ал, — менин башынан эле түнгө ал жакта калгым келген эмес, бирок кыздар сиздин макулдугуңузду алышымды талап кылышты. Анткени, сиз макул болсоңуз, аларга ата-энелерин көндүрүү оңоюраак болот деп эсептешкен. Сиздин жардамыңыз болбосо, кете алмак эмесмин. Ыракмат сизге!»
ЧЫНЫГЫ СҮЙҮҮ
Кийинки күнү Келлиге, менин чечимим ага жакшы болушун жана анын терс таасирге туш болбошун каалагандыгымдан келип чыкканын кайталадым. Кызыма ал үчүн кандай гана болбосун курмандыкка даяр экенимди, аны ушунчалык жакшы көргөндүгүмдөн убактымды, күчүмдү, атүгүл өмүрүмдү да аябай турганымды айттым. Чындап сүйгөн адам өзү үчүн кымбат адамдардын жакшылыкта болушун каалайт. Ыйык Китепте бул жөнүндө: «Сүйүү чыдамдуу, боорукер, сүйүү көрө албастык кылбайт, мактанбайт, текеберденбейт, адепсиздик кылбайт, өз пайдасын көздөбөйт, ачууланбайт, кек санабайт…» (1 Кор. 13:4–5) деп жазылган. Башкача айтканда, чыныгы сүйүү өзүмчүл эмес.
Ыйса айткан: «…адамдардын силерге кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга ошондой мамиле кылгыла» (Мт. 7:12), «…өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды дагы ошондой сүй» (Мт. 22:39), «Мен силерди сүйгөндөй, силер да бири-бириңерди сүйгүлө» (Жкн. 13:34). Өзүмчүл эмес сүйүү жөнүндө айтып жатып, элчи Пабыл мындай деген: «Ар кимиң өзүңдү гана эмес, өзгөнү дагы ойло» (Флп. 2:4), ал эми күйөөлөргө мындай осуят айткан: «Ошол сыяктуу эле күйөөлөр да өз аялдарын өздөрүнүн денесин сүйгөндөй сүйүшү керек… Анткени эч ким эч качан өзүнүн денесин жек көрбөйт, тескерисинче… азыктандырат жана жылытат» (Эф. 5:28–29).
Өзүмчүл эмес, берешен сүйүү адамды азыктандырат, колдойт жана ага жакшы болушу үчүн кам көрөт. Ошондой эле бапестеп, коргойт. Ыйык Китептеги жогоруда көрсөтүлгөн жана башка аяттар чыныгы сүйүүнүн толук аныктамасын берет. Чындап сүйгөн адам
Балдарыңыз аларды ушундай сүйүү менен жакшы көрөрүңүздү билишеби? Бул жөнүндө аларга улам-улам айтып турууну унутпаңыз. Менимче, досумдун үч тил албас баласы атасынын аларды кандай берешен сүйүү менен жакшы көрөрү жөнүндө билишпесе керек. Ошондуктан мен ага өзүнүн эрежелеринен баш тартуу, балдары менен жакшы мамиле түзүүдө күчүн аябоо жөнүндө кеңеш бердим. Балдары атасы үчүн алардын коопсуздугу, бактысы жана бакубаттуулугу өзүнүн коопсуздугунан, бактысынан жана бакубаттуулугунан дагы маанилүү экендигин түшүнүүгө тийиш. Чындыкты сүйүү менен айтуу ушундай.
Балаңызды кучактап, анын бактылуу экендигин баарынан артык каалай турганыңызды айтыңыз. Сиздин бардык айтканыңыз жана жасаганыңыз — канчалык жеткилең эмес болсо дагы, — башка аракеттериңиздей эле, аны азаптардан коргоого, ката кетирүүлөрдөн сактоого кылган аракетиңиз экендигин түшүндүрүңүз. Ачык сүйлөшүңүз. Балаңыз ал жөнүндө чын дилден кам көрүп жатканыңызды сезсин. Бул ортодогу жакын мамилеңерди бекемдейт.
Бир нече жыл мурда Дармут медициналык окуу жайы тарабынан жаштар чөйрөсүнө илимий изилдөө жүргүзүлгөн. «Үзгүлтүксүз байланыш» деп аталган долбоордун алкагында жаштарга жүргүзүлгөн 260тан ашуун байкоолор талдоого алынган. Изилдөө боюнча баяндамада булар жазылган: бардык иштелип чыккан маалыматтардын 100%ына ылайык: баланын мээси төрөлгөн күндөн тартып курчап турган чөйрө менен үзгүлтүксүз байланышта болуп турат. Психиатрия доктору, Лос-Анжелестеги Калифорния университетинин медицина факультетинин профессору Алан Шор бул жыйынтык менен макул экендигин мындайча билдирет: «Биз жакшы көрүүчүлүктү калыптандырууга төрөлгөнбүз. Адамдын мээси башка адамдар менен эмоциялык мамилелешүү аркылуу үзгүлтүксүз байланыш болбосо, өнүгө албайт».[10]
Кудайдын көздөмү боюнча, адам чындыкты сүйүү аркылуу билип, өздөштүрөт. Сүйүүгө негизделген эреже дээрлик бардык учурда балаңыз тараптан оң кабыл алынат. Бирок аталык сүйүүңүзгө балаңыздын ынанышы жөнүндө кам көрбөй туруп, ошол эле эрежелерди ага жүктөсөңүз, сиз көңүл калууга, таарынычка жана ачууга кабыласыз (өкүмчүл ата). Балага эмнени кааласа ошонун баарын, качан кааласа ошол убакта берип турсаңыз, аны кыжырдантасыз (бошоң ата). Баланын жашоосунан четтесеңиз, ата деген сөлөкөтүңүз эле болсо, анын таарынчаак, өзүн өзү кемсинткен адам болушуна шарт түзүп жатасыз (көңүлкош ата).
Эрежелерди жана чектөөлөрдү аталык сүйүү менен орнотсоңуз, балдарыңызды сиздин айткан сөздөрүңүз, кылган иштериңиз аларды коргоого, алар жөнүндө кам көрүүгө багытталганына ынандыра алсаңыз, балдарыңыз тараптан оң кабыл алууга жетишесиз (жакшы көргөн ата). Биринчи милдет ушундай: балага чындыкты ар дайым сүйүү менен айтууга аракеттенүү.
~3~
Экинчи милдет
Баланын ордуна эмес, баланын алдында жоопкерчиликти алууга аракеттенүү
Биринчи бөлүм
— Эгерде оозуңарды азыр дароо жаппасаңар, — деп өкүм үн менен айтты миссис Карлсон, — директордун кабинетине барасыңар!
Бешинчи класстын жолу болбогон эки окуучусу азыр эле үй тапшырмасын аткарбагандыгы үчүн эскертүү алышты, бул аз келгенсип, сабактын убагында сүйлөшкөндүгү үчүн аларды урушуп жатышат.
Менин уулум Шон элдин тынчын алган окуучулардан эки парта артта отурган. Ал жана «криминалдуу түгөйлөр» футболдук команданын мүчөлөрү эле. Бирок бул балдар эмне үчүндүр Шонду анча жактырышчу эмес. Ачык жоолашпаса дагы, достук мамиледе болушкан эмес.
«Кыйын жигиттердин» көңүлүн өзүнө бургусу келгендей, балким, өзү дагы «кыйындардын» катарына кошулгусу келдиби, айтор Шон өзүнүн алар тарапта экендигин билдирүүнү чечти. Аларга жагынайын дедиби, айтор, мугалимге баш ийбегенин көрсөтүп, миссис Карлсон доскага жазмакчы болуп ары бурулар замат, Шон ага ортоңку бармагын көтөрүп, салют берди. Албетте, муну байкабай калышкан жок.
Сабак бүткөндө бүт класс, эки футболчу менен бирге, Шонду жаңы тааныла баштаган белгилүү инсан катары тегеректешти. Баары сонун болмок, бирок бул «эрдик» жөнүндө кабар Дотти экөөбүзгө да жетип, уулубуздун даңкы дароо өчтү. Мунун кандайча болгонун айтып берейин.
Чынын айтсам, сүрөттөлгөн окуядан улам тынчым кетти. Шонду менин аброюма шек келтире турган ушундай жүрүш-турушу үчүн катуу жемелеп: «Атаңды шылдыңга калтыргандан уялбайсыңбы!» — деп каарымды төксөм да болмок. Бирок анда мен өзүмчүлдүктүн торуна чалынмакмын. Уулумдун бул кылык-жоругунан биринчи иретте мен өзүм жабыркап жаткандай баа берген болот элем. Натыйжада Шондун кылык-жоруктары үчүн мен жоопкерчиликтүү болбосом дагы, ал үчүн өзүмдү күнөөлүү сезмекмин. Ал эми чындыгында, мен анын кылык-жоругу үчүн жооп бербейм. Бир дагы ата балдарынын жүрүш-турушуна жоопкерчиликтүү эмес!
Мындай ой кээ бир адамдар үчүн бери дегенде, таң каларлык болуп угулушу мүмкүн. Көп ата-энелер: «Балдарыбыздын кылган иштери үчүн
Элчи Пабыл мындай деген: «Ар ким өз ишин текшерсин, ошондо ал башка бирөө тарабынан эмес, өзү тарабынан мактоого ээ болот» (Гал. 6:4–5). Ар бирибиз өз тандообуз үчүн жоопкерчиликтүүбүз, балдар дагы мындан четте калбайт. Биз алардын тандоосу үчүн жооп бербейбиз.
Адамдын жүрүш-турушу үчүн, атүгүл ага өзүн туура же туура эмес алып жүрүүгө тандоо эркиндигин берген Бардыгынан Жогорку жана Кудуреттүү Кудай дагы жооп бербейт. Кудай менен ишеничтүү мамиледе болобузбу же жокпу, биз өзүбүз гана чечебиз. Мындай эркиндик бизге башталышында, Адам менен Обонун убагында эле берилген. Кудай менен адамдын алгачкы мамилелери чыныгы сүйүү менен түзүлүп, өз эркин ачык билдирүүгө негизделген. Кудай тобокелдикке барып, адамга толук тандоо эркиндигин берген.
Мунун тобокелдик болгондугунун себеби — Адам менен Обо Кудайдын аларды сүйгөндүктөн берген эрежелерин кабыл алууга же четке кагууга эрки бар болчу. Чыныгы сүйүү мажбурлабайт. Кудай муну билген: Ал жараткан инсан Аны сүйө тургандыгын далилдеген тандоону жасоого тийиш эле. Эки адамдын туура эмес тандоосунун кесепетинен кандай кыйроолор келип чыгарын да билген. Ушул себептен адамдардын Жараткандан бөлүнүп, өз алдынча иш кылууга болгон аракети Анын кызгануусун пайда кылды. Ыйык Китепте Кудайдын биринчи осуяты жөнүндө мындай жазуулар бар: «…сен Теңирден башка Кудайга сыйынбашың керек, Анын ысымы “Кызганчаак”. Ал — кызганчаак Кудай» (Чыг. 34:14). [Ыйык Китептин] «Жаңы тирүү котормосунун» (New Living Translation, NLT) 1996-жылкы басылмасында «Кызганчаак Кудай» — «Биз менен мамиледе болууну абдан каалаган Кудай» деп которулган.
Кудай бизди кызгануу менен бирге бизге жакшылык каалайт. Биздин өзүбүз кетирген каталардын натыйжасында азап тартып жаткандыгыбызды көрүү Ал үчүн оор. Ушул себептен Ал камкордук көрсөтүп, биз колдоно турган көрсөтмөлөрдү, аткарууга тийиш болгон эрежелерди жана осуяттарды берди. Буга чейинки бөлүмдө айтылгандай, бул эрежелер биздин жакшылыгыбызга жана коопсуздугубузга багытталган. Бизде Кудайды жана Анын жолун тандап алуу эркиндиги бар — Ал бизди буга мажбурлабайт, ошондой эле биздин тандообуз үчүн жоопкерчилик тартпайт.
ЭМНЕНИН
Бул нерсе Кудай Өзү жараткан инсандарга кайдыгер дегенди билдирбейт. Ал Өзүнө жоопкерчиликти алат, бирок биз же биздин тандообуз
• Анын демилгеси боюнча биз шартсыз
• Ал биздин
• Ал бизге
• Кайгыра тургандыгыбызды билгендиктен, Ал бизди
• Ал бизди туура эмес иштерибиз үчүн
Эгерде балдарыбыз
БАЛДАРДЫ ТУУРА ЭМЕС ИШТЕРИ ҮЧҮН ЖАЗАЛАГАНЫҢЫЗДА, АЛАРДА ЖООПКЕРЧИЛИКТИ КАЛЫПТАНДЫРАСЫЗ
Айланаңызга көз чаптырып көрүңүз. Кез келген адамдарга түкүргөндөй мамиле кылып, оюна келген иштерди жазасыз кылганынан ыракат тапкан жаштарды жолуктурдуңуз беле? Мен жолуктургам. Кичине чагынан жаман жүрүш-турушу үчүн жаза тартпаган балдар кийинчерээк жазаланбастыгынан күмөн санабай калышат. Жоопкерчиликсиз адам болуп чоңойгондо, башкаларды өзүнүн алдында милдеттүүдөй кабыл аларына таң калууга болбойт.
Уулумдун сабак убагында кылганы жарабаган жорук болду. Ортоңку бармагын көрсөтүп адамды шылдыңдоого эч кимге жол берилбейт деп эсептейм. Шон бул кылыгы үчүн жооп берүүгө тийиш эле. Өзүмдүн Шондун
«Шондун иренжитерлик жүрүш-турушу үчүн мен жооп беришим керек», — деген ойдо болгонумда, бул уят ишти экинчи кайталабагыдай кылып аны жазалап, өзүм үчүн коопсуздукту камсыз кылмакмын. Мындай мамиле ата-энелик өзүмчүлдүктү — өз аброюм, башкалардын пикири жөнүндө көбүрөөк кабатырланганымды айгинелемек жана уулумдун мүнөзүнүн калыптанышына терс таасир бермек.
Буга чейинки бөлүмдө эрежелерди балдарына карата сүйүүсүнүн негизинде орноткон жакшы көрүүчү ата жөнүндө айтканбыз. Ушул эле сүйүү менен ата балдарын тартипке чакырат, башкача айтканда, жаман иштери үчүн жазалайт. Эврейлерге жазылган каттын автору мындай дейт: «Алар бизди кыска гана убакыт үчүн, өздөрү туура көргөндөй жазалашкан. Кудай болсо, бизге пайдалуу болушу үчүн, Өзү ыйык болгонундай, бизди да ыйык кылыш үчүн жазалайт» (Эвр. 12:10). Кудай бизди жазалап жатып, жакшы максатты: биздин Ага көбүрөөк окшош болушубузду көздөйт. Албетте, Ал биздин жакшылыкта болушубуз жөнүндө кам көрөт, анткени бизди Өз бейнеси боюнча жаратып жатканда, бизди Анын даңкын чагылдыруучу инсандар болууга дайындаган. Бул биздин жашообузду кубанычка толтурган тапшырманы аткаруу эмеспи? Өзүңүздүн эмес, балдарыңыздын кызыкчылыгын көздөп, аларды жаман иштери үчүн жазалоо аркылуу аларды көйгөйлөрдү чечүүгө жана жоопкерчиликтүү болууга үйрөтөсүз.
Бирок балдарымды мындай жакшы максатты көздөө менен бирге жазалоого тез эле үйрөнбөгөнүмдү мойнума алышым керек. Эгерде Келли бир нерсени туура эмес кылса, мен ага жарым жыл акыл-насаат айтчумун, чындыгында эки эле күн жетиштүү болмок. Бирок Дотти жазалоонун максаты — баланы «түрмөдө камалып азап тартууга» мажбурлоо эмес, аны жоопкерчиликтүү болууга үйрөтүү экендигин мага ачып берди.
Дотти экөөбүз мектептеги «салютка» байланыштуу жаңжал жөнүндө укканыбызда, чогуу отуруп, кандай аракет кыларыбыз жөнүндө сүйлөштүк. Албетте, бул сүйлөшүүлөргө Шон катышкан жок. Көйгөйдү алдын ала Дотти менен талкуулап алганыбыз абдан пайдалуу болду, анткени мен ичиме толгон ачуум менен кыжырдануумду сыртка чыгарып алдым. Аялым экөөбүз бири-бирибизди мыкты толуктап турабыз. Дотти менин ашып-ташыган сезимдеримди кылдаттык менен тынчытат, мен болсо анын таптакыр бейкапар болуп калуусуна жол бербейм. Мен ээ-жаа бербеген сезимдеримди чектөөгө муктажмын, Доттиге болсо кайраттуулук жетишпейт. Биздин ар башкача, бирок күчтүү сапаттарыбыз алсыз жактарыбызды нечен ирет толуктап, ийгиликтүү ата-энелерден болушубузга өбөлгө түзгөн.
Андан кийин үчөөбүз чогуу отуруп, ашыкча эмоциясыз, Шондун эмне себептен мындай жорукка барганын түшүнүүгө аракет кылдык. Биз ар дайым эле балдарыбыздын эмне үчүн тигил же бул ишти кылганын түшүнө бербейбиз. Бирок түшүнгөндө эки тарап тең утушка ээ болот. Сүйлөшүп отурганыбызда иштин жайы белгилүү болду: Шон футбол командасындагы ошол эки өспүрүмдүн достугуна «татыктуу болууну» каалап, аларга жакчу жорукту жасаптыр. Өзүнө досторду табууга аракеттенүү жакшы иш, бирок уулубуздун тандап алган ыкмасын мактоого татырлык деп айтууга болбойт. Мен уулум ушуну түшүнсүн деп аракеттендим.
Шонго эмне үчүн ушундай жаман ишке барганын түшүнүүгө жардам берүү максатка ылайык болчу, бирок аны начар жүрүш-турушу үчүн жазалоо дагы маанилүү эле. Ошол учурда өзүнүн эмне кылып жатканына баа бердиби же жокпу, айырмасы жок. Мугалим эжейин шылдың кылгандыгы үчүн жооп бериши керек. Бактыбызга, биздин кылган аракетибиз текке кеткен жок. Бул аркылуу кандай тажрыйбага ээ болгондугу жөнүндө Шон өзү айтып берсин. Уулум отуз жаштан ашкандан кийин мындай деп жазды:
Ата-энем мага акыл-насаат айтып кыйнашпады. «Өз жүрүш-турушуң жөнүндө ой жүгүрт», — деп, мени бөлмөмө жиберишкен да жок. Жаныма отуруп, болуп өткөн окуя жөнүндө сурап, менин эмне кылгандыгымды, эмне себептен мындай жорукка баргандыгымды түшүнүүгө аракеттеништи. Атам менен энем мугалим эжейге карата канчалык адепсиз жана одоно мамиле көрсөткөнүмдү түшүнүүмө жардам беришти.
Туура эмес иш кылганымды мойнума алуу кыйын болгон жок. Ата-энем талап кылып жаткан нерсени аткарыш оор эле. Алар класстын алдында адегенде миссис Карлсондон, андан кийин классташтарымдан кечирим суроого тийиш экенимди айтышты. Атам, эгерде муну жасаш мен үчүн кыйын болуп жатса, мени менен бирге бара тургандыгын айтты. Мен өзүм эле кечирим сурайм деп атамды ынандырдым. Бул мен үчүн абдан кемсинүүнүн тажрыйбасы болду, бирок кылган ишиң үчүн жооп берүүнүн кандай болору өмүр бою эсимде калды.
Бул кырдаалда дагы бир жакшы нерсе болду. Менин футболдук командамдагы балдар менин эл алдында кечирим сураганымды мурда эч кимден көрбөгөн тайманбастык катары баалашты. Ушундан кийин биз чыныгы достордон болуп калдык.
БАЛДАРДЫ ШАРТСЫЗ КАБЫЛ АЛУУ МЕНЕН АЛАРДА КООПСУЗДУК СЕЗИМИН КАЛЫПТАНДЫРАСЫЗ
— Джош, алар мени угушпайт! — багуучу досум өзүнүн күмөн саноосун жашырган жок. — Менин аларга эч кандай ачууланбаганымды түшүнгүлөрү келбейт. Мен алар менен сүйлөшүп, аларды жакшы болсун деген тилек менен жазалап жатканымды түшүндүрүүгө аракет кылгам. Бирок алар мени угушпайт. Эмне кылууга тийишмин?
Көпчүлүгүбүз ушул ата сыяктуу эле, балдарда жоопкерчиликти тарбиялап жатып, «аларды эрежелерди сактоого үйрөтүү — биринчи маселе», — деген чечимге келебиз. Эрежелерди сактоону камсыз кылып, жарамсыз жүрүш-турушка чектөөлөрдү коюу аркылуу каалаган максатыбызга жетебиз деп ойлойбуз. Бирок турмуштун чындыгы мындай — жоопкерчиликтин дубалын тургузуудан мурда шартсыз кабыл алуунун фундаментин салыш керек. Шартсыз кабыл алуу — жакын мамиленин өзөгү. Жоопкерчилик шартсыз кабыл алуунун негизинде гана бекемделет.
Балдар кандай гана катачылыктарды кетирип, сиздин ишеничиңизди актай албай калган күндө дагы, сиз аларды баары бир жакшы көрө турганыңызга жан-дүйнөсү менен ынанышса, өздөрүнүн кабыл алынгандыгын баамдашат.
Балдар аларды аталары чындап кабыл алгандыгын байкаганда, өздөрүн
Башкача айтканда, балдарын алар «тил алып» (туура иш кылып) турганында гана кабыл алышат. Ал эми алар каяша көрсөтүп, тил албай, катачылыктарды кетирип жатканда — кыскасы, көңүлүн калтырганда, — болбоду дегенде, кандайдыр бир убакыттын аралыгында, эч кандай кабыл алуу жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Кабыл албоо ар түрдүү формаларда байкалат. Кээде атасы өзү түшүнө электе, кабыл албоонун билинер-билинбес белгилерин бала дароо сезет. Шартсыз кабыл алууга үйрөнүш үчүн биз, аталар, көңүлүбүздү баланын жүрүш-турушуна эмес, анын өзүнө топтошубуз керек.
Кэти алты жашар кезинде эле кичинекей мыкты футболистка болчу. Сезондун маанилүү оюндарынын биринин алдындагы машыгуудан кийин кызым оюн талаасынан мени карай чуркап келип:
— Атаке, мен гол киргизсем, мага доллар бересизби? — деп сурады.
— Албетте, — дедим мен жылмайып.
— Сонун болот! — деп шаттанды Кэти.
Алты жаштагы бала үчүн доллар — Улуттук Баскетбол Ассоциациясынын контрактынан кем калбаган белек.
— Кое тур, — дедим мен, кызым командасына чуркап кете элегинде колунан кармай токтотуп. — Сен гол киргизбесең дагы, доллар сенин чөнтөгүңдө деп эсептей бер.
— Чын элеби?
— Чын.
— Абдан сонун! — деп таң калды Кэти, оюнчулардын тобуна чуркаганы жатып.
— Токтой тур, — деп кыйкырдым мен. — Билесиңби, эмне үчүн?
Кызым токтоп, мага карай бурулду. Ал үч жашка чыккандан тартып, ага шартсыз кабыл алуунун кандай болорун түшүндүрүүгө аракеттенип келгем, бирок жеткире алган эмес окшойм. Кэти болсо бурулуп, менин көздөрүмө карап:
— Ооба, анткени сиз мени футболду такыр ойной албасам деле жакшы көрөсүз!
Ошондо кызым мени мындан артык кубанта турган эч нерсени айта албайт эле. Кэти ошондо гол киргизди беле же жокпу, эсимде жок. Бул маанилүү эмес. Кызымды анын ийгилигинен же жолу болбостугунан көз карандысыздыкта жакшы көрөрүмдү билгендиги маанилүү. Балдарыбыз биз алардын жүрүш-турушун эмес, өздөрүн жакшы көрөрүбүздү билиши керек.
Адамдын жүрүш-турушунан көз карандысыздыкта аны шартсыз кабыл алуу көп учурда оңойго турбайт. Мен көп аталардын мындай айтканын уккам: «Уулум мен аны шартсыз кабыл аларыма ишенсе деп эңсейм. Бирок анын жашоо образын колдобосом кантем»?
Көп аталар «колдоо» жана «кабыл алуу» деген түшүнүктөрдү чаташтырып алышат. Адамдын туура эмес иштерин аны кабыл алуудан ажыратуу алар үчүн кыйын. Алар адамдын туура эмес иштери аны шартсыз кабыл алууну жокко чыгарат деп эсептешет. Ошондой болсо дагы, балдарыбызга алардын жүрүш-турушунан көз карандысыз шартсыз кабыл алууну көрсөтсөк болот. Бул үчүн ар бирибизди Кудай кандайча кабыл алганын эсибизге түшүрүүгө тийишпиз.
Кудай ыйык, «[Анын таза көздөрү] кыянат иштерди карап тура албайт» (Хаб. 1:13). «Машайак болсо биз күнөөкөр кезде биз үчүн өлдү. Бул аркылуу Кудай Өзүнүн бизге болгон сүйүүсүн далилдеди» (Рим. 5:8). Ооба, Кудай күнөөнү жек көрөт, бирок Ал бизди, күнөөкөрлөрдү, эч шартсыз кабыл алат. Ал бизди сүйүп, «күнөөлөрүңөр үчүн Уулумдун курмандыгын кабыл алгыла», — деген шарт коюп, андан кийин Уулун биз үчүн өлүүгө жиберди беле? Жок, Ыйса «биз күнөөкөр кезде» биз үчүн өлгөн.
Жүрүш-турушу биз тараптан колдоону пайда кылбаган адамды шартсыз кабыл алуу — кеңири жайылтылган идея эмес. Бирок Кудай муну кандайча ишке ашырып жатканын түшүнгөндө, биз Анын үлгүсүн кайталай алабыз. Адамдын күнөөлөрү Теңирди каардантпай койбой тургандыгы баарыбызга белгилүү. Бирок адамдын өзү Аны эч качан каардантпайт. Кудай Өзүнүн адамга карата болгон мамилесин анын жүрүш-турушу менен аралаштырбайт.
Адамды жана анын катачылыктарын бир эле түшүнүк деп билсек, жаңылышкан болобуз. Кудай мындай жаңылыштык кетирбейт. Теңир биз жөнүндө: «Күнөөкөр болуп төрөлгөн», — деп чындыкты айтып жатат. Ошондой эле, Анын «…таза көздөрү кыянат иштерди карап тура албайт» (Хаб. 1:13). Ал бизди кабыл алат, анткени биз Анын бейнеси менен жаратылган, адашкан балдарыбыз. Кудай адамдын Ага окшош «рухун» адамдын күнөө менен булганган «жан-дүйнөсүнөн» ажыратып билүүгө жөндөмдүү.
Кудай биздин Аны чагылдырган нукура маңызыбызды кабыл алат. Ал кабыл албай турган нерсе — биздин жеке сапаттарыбызды ыплас кылган күнөө. Күнөө гана бизди Кудайдан бөлөт. Ыйык Китепте мындай жазылган: «…мыйзамсыздыгыңар силерди Кудайдан бөлүп салды…» (Ыш. 59:2). Адам менен анын жүрүш-турушунун ортосунда айкын ажырым бар. Мындай болбогондо, Кудай бизден күнөөлөрүбүздү алып, Өзүнүн чексиз кечириминин тереңине чөктүрө алмак эмес. «Чыгыш батыштан канчалык алыс болсо, Ал биздин мыйзамсыз иштерибизди бизден ошончолук алыстатты», — деп айткан Дөөт (Заб. 102:12). Башкача айтканда, биздин күнөөлөрүбүз бизден чексиз алыс аралыкка алыстаган. Дөөт эмненин негизинде ушинтип айтып жатат? Жооп 13-аятта берилген: «Атасы балдарына ырайым кылгандай, Теңир Өзүнөн корккондорго ырайым кылат» (Заб. 102:13). Биз Кудайдын адашкан, бирок сүйүктүү жана кабыл алынган балдарыбыз, ошондуктан, Ал адамдын чыныгы маңызын анын жүрүш-турушунан ажырата алат. Биз Кудайдын бейнеси боюнча жаратылганбыз, ошондуктан: «Ал бизге кайрадан ырайым кылат, биздин мыйзамсыздыктарыбызды өчүрөт, …биздин бүт күнөөлөрүбүздү деңиздин түпкүрүнө таштайт» (Мих. 7:19).
Биздин сүйүүбүздүн себебинен балдарыбыз өздөрүн коопсуз сезиши үчүн, биз да аларга ушундай мамиле кыла алабыз. Биз балдарыбыздын «уул», «кыз» деп аталган наамдарын алардын начар жүрүш-турушу менен аралаштырбашыбыз керек. Ооба, алардын жүрүш-туруштары бизди кейитиши мүмкүн. Алардын күнөөлөрүнөн улам өзүбүздүн азапка туш болуп жаткандыгыбызды сезип, капаланышыбыз мүмкүн. Ошондой болсо да, балдарыбыз биздин балдарыбыз боюнча кала беришет жана ата-энелик кабыл алуубуз дагы шартсыз боюнча калышы керек. Кудай бизди дал ушундай кабыл алат, Анын бизге берген ырайымынын негизинде биз дагы балдарыбызды кабыл алууга тийишпиз.
Элчи Пабыл мындай деген: «Кудай даңкталышы үчүн, Машайак силерди кабыл алгандай, силер да бири-бириңерди кабыл алгыла» (Рим. 15:7). Бизди кабыл алышы үчүн Ыйсага биздин ишенимибиз талап кылынган жок. Эч кандай шарт койбой туруп, Ага муктаж болуп жаткан адамзатты Өзүнүн адашкан балдары катары кабыл алды.
Самариялык аял — Ыйсанын бизди шартсыз кабыл алып жаткандыгынын даана мисалы. Ыйсага кудуктун жанынан жолуккан аял туугандарынын арасында үч себептен кадыр-барксыз болчу: ал аял болгондуктан экинчи сорттогу адам катарында эле; эврейлер аны самариялык болгондуктан жек көрүшкөн; аны менен жашап жаткан эркек анын күйөөсү эмес, ошондуктан анын жашоо образы моралга туура келбейт эле. Бул аял, Ыйсанын аны кандайча кабыл алгандыгына таң калган чыгар. Мындан дагы таң калыштуусу — Ал эврей эркек болуп туруп, ушунчалык жакшы мамиле менен кайрылгандыгы эле. Аны менен сүйлөшүп жатып, аял мындай ойлордо болушу ыктымал эле:
• Ал — эркек, мен аялмын. Чоочун эркек мендей аял менен сүйлөшпөөгө тийиш экендигин билбейби? Ал эмне себептен мени менен сүйлөшүп жатат?
• Ал эврей. Эврейлер болсо, самариялыктарды жек көрүшөт. Бул башкача адамбы?
• Мен бузулган аялмын, ошондуктан адеп-ахлактуу адам мени менен сүйлөшпөшү керек. Анын үстүнө, бул адам пайгамбар окшойт. Эмне иш болуп жатат?
Бул самариялык аял эч кимден өзүнө карата мынчалык мээримдүү, кайрымдуу, ачык мамилени көргөн эмес. Туугандарынын көпчүлүгү аны адепсиз аял катары жектешчү. Ыйсанын ага жакшы мамиле кылуусуна эч себеп жок экендигин дагы түшүнгөн. Жалгыздык менен четке кагылгандыкты башынан өткөрүп, жашоо кечирип келаткан. Бирок бул өзгөчө Адам аны кучак жайып кабыл алды.
Ыйсанын самариялык аялды кабыл алгандыгы — анын бузук жүрүш-турушу унутулду дегенди билдирбейт. Эч качан! Бирок Ыйсанын самариялык аялды жемелегенин көргөн жокпуз. Ал аялдан Кудай Ата ар бир адамдын жүрөгүнө салган сулуулукту, зээндүүлүктү, кадыр-барктуулукту көрүп, шартсыз сүйүү менен мамиле кылды. Ыйса бул аялды соттогон жок. Аялдын Кудайга туура табына албагандыгы дагы Анын ачуусун келтирген жок. Самариялык аялды жакшы көрүү менен ага чындыкты ачып берди. Ыйсанын бул аялды кабыл алуусу анын туура эмес жүрүш-турушун эч актабай тургандыгы түшүнүктүү. Аялдын эч кандай айткан же айтпаган сөздөрү, эч кандай кылган же кылбаган иштери Машайакты ага ушундай сый жана мээрим менен мамиле кылууга мажбурлай алмак эмес. Ыйса самариялык аялды эч шартсыз кабыл алды. Бул аркылуу ага өзүнө Кудайдын ырайымдуу көздөрү менен кароого жардам берди. Кудайдын кабыл алуусунун табияты ушундай[11].
Ушундай ажайып кабыл алуу бизге коопсуздук сезимди кантип бере албасын? Биз балдарыбызды шартсыз кабыл алганыбызда дагы, алар коопсуздук сезимине ээ болушат. Алардын кандай гана жагдайга туш болгондугунан карабастан, биз аларды сүйгөн ата-энелер боюнча кала турганыбызды түшүнүшөт. Ал эми балдарыбыз өздөрүн коопсуз сезип турушканда, Элчи Пабылдын сөздөрүн өзүбүзгө тиешелүү кылып угууга мүмкүндүгүбүз бар: «Атамдын сүйүүсүнөн эч бир нерсе ажырата албастыгына толук ишенемин» (Рим. 8:38–39)[12].
Ушундай негизде түзүлгөн мамиле баланын сиздин алдыңызда ачык-айрым болуп, өзүнүн кыйынчылыктары, көйгөйлөрү, күмөн саноолору жана коркунучтары, үмүттөрү жана кыялдары менен бөлүшүүсүнө мүмкүндүк берет. Балаңыз кандай болсо, ошол боюнча кабыл алыңыз. Бул аркылуу ал өзүн жетиштүү түрдө коопсуз сезип, сиздин алдыңызда жүрөгүн ачууга жөндөмдүү болорун көрөсүз. Балдарды эч кандай шартсыз кабыл алуу аркылуу аларда коопсуздук сезимин калыптандырасыз.
~4~
Экинчи милдет
Бала үчүн эмес, баланын алдында жоопкерчиликти алууга аракеттенүү
Экинчи бөлүм
Дээрлик отуз жылдан ашык убакыт мурда болгон окуя күнү бүгүнкүдөй эсимде. Мен абдан бушайман элем: китепти тапшыра турган мөөнөт жакындап калгандыктан, баш-отум менен иштөөгө туура келип жаткан. Экинчи бөлүмдү редакциялап жатканымда менин кабинетиме эки жашар Шон кирип келди.
— Ата, мени менен ойногуң келеби? — деп үмүттөнө быдылдады.
«Тажрыйбалуу» ата катары (Келли менен дагы эки жашар кезинде мамиле түзө алгам), Шон болгону аны кучактап, эркелетип, бир-эки мүнөт анын кармап турган жаңы тобуна суктанышымды каалап жатканын түшүнүүгө тийиш болчумун. Бирок ишиме өтө берилип кеткендиктен, бир ирмемге дагы баш көтөрбөшүм керек дегендей маанайда болдум.
— Уулум, бир аздан кийин ойнойбуз, — дедим мен. — Азыр менин колум таптакыр бошобой жатат: бир бөлүмдү редакциялап чыгышым керек.
«Бөлүм» деген эмне экенин билбесе дагы, уулум мени толук түшүндү. Атасынын колу бош эмес, а Шон болсо кетүүгө тийиш. Наристе унчукпастан тамтаңдай басып чыгып кетти, мен ишимди уланттым. Бирок мен анча деле узак убакыт иштеген жокмун. Кабинетиме «бир-эки ооз сөз сүйлөшөйүн», — деп, Дотти кирип, жаныма отурду.
Аялым мындайча сөз баштады:
— Кымбатым, азыр эле Шон мага: «Атам мени менен ойнобойт, анткени колу бош эмес», — деди. Сен жазып жаткан китептин канчалык маанилүү экендигин түшүнөм, бирок эсиңе бир нерсени салып коюуну чечтим.
— Эмнени? — деп чыдамым кете сурадым мен, анткени эми аялым маанилүү ишимдин аягына чыгышыма жолтоо болуп жатты.
— Джош, менимче, сен мындан кийин да ар дайым тигил же бул китептин үстүнөн иштей бересиң. Убактыңдын жетишпей жатканы дагы акыркы ирет эмес. Бүт өмүрүң изилдөөлөргө жана кызматка арналган. Бирок ар дайым атасынын алдына отуруп, суроо берип, тобун көрсөтүп мактангысы келген эки жаштагы уулуң боло бербейт.
— Эмнени айткың келгенин түшүндүм окшойт, — деп жооп бердим мен, — адаттагыдай эле, сеники туура. Бирок мен азыр бул бөлүмдү бүтүрүшүм керек.
— Жакшы, — деди Дотти. — Муну эсиңе алышыңды суранам, Джош. Бүгүн биз балдарыбызга убакыт бөлсөк, эртеңки күнү алар бизге көңүл бура тургандыгы сага белгилүүдүр.
Аялымдын айткан сөзү мени ойго салды. Бул жөнүндө канчалык ойлонгон сайын, ошончолук жүрөгүм жараланды. Дотти туурасын айтты: менин жашоомдо ар дайым көптөгөн милдеттер, шашылыш иштер, маанилүү жолугушуулар, иш сапарлары, жан-дүйнөмдү сарптоону талап кылуучу телефон чалуулар үзгүлтүксүз боло берет. Бирок балдарым күтүп турбайт: мен иштеримди жасап бүткөнчө, алар чоңоюп кетишет. Убакыт билинбей өтө берет. Кийинки жылы азыркыга караганда балдарым менен мамилелешүүгө көбүрөөк убактым болобу же болбойбу, ким билет?
«Өзүмдүн аталык ролума карата мамилемди өзгөртпөсөм, алдыда мени эмне күтүп турат?» — деген суроонун жообу кандай экени мага белгилүү эле. Мен унчукпай, шаңдуу убада бербестен, жөн гана жооптуу чечим кабыл алдым. Ошондон тартып, эч кандай мөөнөт, бул дүйнөнүн толуп жаткан башка талаптары, шашылыш аткарылуучу милдеттенмелер — менин балдарым менен мамилелешүүмө жолтоо боло албайт. Отуз жылдан бери мен үй-бүлөмдү биринчи орунга коюп келем.
БАЛДАРГА УБАКЫТ БӨЛҮҮ АРКЫЛУУ АЛАРДА ӨЗДӨРҮНҮН БААЛУУЛУГУН СЕЗҮҮНҮ КАЛЫПТАНДЫРАСЫЗ
Балдарыңызга Барби аттуу куурчакты, смартфонду, видеооюндарды, жаңы кийимди, дагы толуп жаткан белектерди сатып бере аласыз. Бирок алар үчүн эң баалуу нерсе — сиздин убактыңыз. «Сүйүү» деген сөздү балдар У-Б-А-К-Ы-Т деп түшүнүшөт. Сиз балдарга убактыңызды бөлгөнүңүздө, алар өздөрүнүн баалуу экендигин сезишет.
Элестетип көрүңүз: сиз иштеген мекеменин жетекчиси — жакын досуңуз. Жума күнү аны менен сөзсүз тез арада жолугушуу зарылчылыгы пайда болду дейли. Анын кабылдамасына барып, секретарынан досуңузга бир мүнөткө кирип, кыска сүйлөшүп чыгууга уруксат сурап жатасыз. Секретарь сизге:
— Тилекке каршы, кийинки шейшембиге чейин анын иштери абдан көп, бир мүнөт дагы убактысы жок! Шейшембиде келиңиз.
Аны менен азыр сүйлөшүү сиз үчүн абдан маанилүү болгондуктан, секретарга мындай дейсиз:
— Мен бир эле мүнөткө кирет элем. Суранам, жетекчиге менин атымды айтып, аны менен сөзсүз сүйлөшүүгө тийиш экенимди айтсаңыз. Мен кыска сүйлөшөт элем.
Сектертарь жетекчиге чалып, сиздин суранычыңызды толугу менен айтты, анын мындай жоопту уктуңуз:
— Ага айтып коюңуз, мени менен электрондук почта аркылуу байланышсын. Азыр колум бош эмес, кабыл ала албайм. Шейшемби күнү күтөм.
Бул сизге жагат беле? Ооба, сиз ишти убагында так аткаруунун канчалык маанилүү экендигин, ошондо гана күндөлүк иштерди бүтүрүүгө боло тургандыгын түшүнөсүз. Ошондой болсо дагы, өзүңүздү четке кагылгандай сезип: «Мени менен сүйлөшкүсү келбесе, досум үчүн баркым деле жок окшойт», — деген ойго келесиз.
Биз балдарыбыздан качып, «кечирип койчу, таптакыр колум бошобой жатат, шейшембиде кел», — дегенибизде, алар ушундай сезимге туш болушат. Балдарыңыз аларга көңүлкош эмес экениңизди сезиш үчүн сизден күч жана убакыт жумшоо талап кылынат. Балдарыңыз сиздин аларга убакыт бөлүшүңүзгө муктаж.
Аталар балдарына көңүл бурушу керек, бирок бул көңүл буруу өзгөчө айырмаланууга тийиш. Алар менен бир компанияда болуу же алардын сиздин артыңыздан калбай ээрчип жүрүшүнө уруксат берүү жетишсиздик кылат. Башкысы — аларды тынчсыздандырган маселелерди түшүнүү, ички дүйнөсүндө эмне болуп жатканына, маанайына жана ойлоруна чын ниеттен кызыгуу.
Бир атанын мага сырын ачып, кейигени эсимде. Ага баласы менен бирге убакыт өткөргөнү эч пайдасыз болуп жаткандай сезилет экен.
— Уулум күнү бою эч кимге кереги жок адамдай шылкыйып басып жүрдү, — деп даттанды атасы. — Ал үчүн баары кызыксыз болгондой сезилет.
— Кандай иш менен алек болдуңар эле? — деп кызыктым мен.
— Мен аны өзүм менен чогуу гольф ойноочу талаага алып баргам.
— Уулуңуз гольф ойногонду жакшы көрөт экен да? — деп тактадым.
— Жок, мен жакшы көрөм, — деп жооп берди ал.
Балдардын жанында болуу — алардын жашоосунун бир бөлүгү болуу, алардын ички дүйнөсүнө кызыгуу дегенди билдирет. Албетте, сиз алардын жанында ар дайым бирге боло албайсыз, бирок канчалык жалпы кызыкчылыктарыңар көп болсо, ошончолук ортодогу мамилеңер бекем болот.
Аталардын минтип санаа тарткандарын да уккам: «Джош, иш графигим ушунчалык татаал болгондуктан, балдарыма
Азыркы убактагы өтө чоң жана кеңири жайылтылган жаңылыштыктардын бири — «сапаттуу өткөрүлгөн» убакыт жөнүндөгү жалган түшүнүк. Албетте, ар бирибиз балдарга көңүлүбүздү бөлө ала тургандай убакыт жөнүндө кыялданабыз. «Сапаттуу өткөрүлүүчү» убакытты татаал иш графигибизге киргизип, алдын-ала пландаштырууга болбойт. Бирге өткөргөн убакыттын сапаты — анын узактыгында. Сапатка чейин сан болууга тийиш. Балдарга экөө тең керек!
Көп адамдарды жолдон адаштырган дагы бир мындай жаңылыш пикир бар: «Эстен кеткис таасирлер гана баалуу». Кээ бир адамдар жомоктогу өлкөгө баргандай болуп, Диснейлендде толугу менен бир күндү, атүгүл жуманы өткөрүп, толгон акчаны сарптаганда гана эстен кетпес таасир калат деп эсептешет. Ошондой эле аттракциондор көрсөтүлүүчү паркка, кинотеатрга, зоопаркка баруу, ошондой эле лыжа тебүү же деңизде кеме менен саякат кылуу зарыл дешет. Мен дагы мурда балдарым экзотикалык саякаттарды, таң каларлык саякаттарды күтүшөт деп ойлоп келгем. Бирок Дотти мага токтоо, хирургдукундай кылдат манерасы менен муну түшүндүрдү: «Кымбаттуум, балдар эбегейсиз нерсени гана эстеп калышпайт. Алар таң калтырган окуяны эмес, атасы менен күн сайын болуучу, жакшы маанай жаратуучу, кулк-мүнөздөрүн калыптандыра турган мамилелешүүнү эстеп калышат. Ушул алардын эсинен эч качан кетпейт».
Анын айтканы мурдагыдай эле, бул жолу да туура. Убак-убагы менен Диснейлендге барганды да пландаштырыңыз. Эстен кетпеген таасирлер дагы керек. Бирок булар балдардын атасы менен күндө мамилелешүүсүнөн улам келип чыккан жакшы маанайын алмаштыра албайт. Балдарга убакыт бөлүү аркылуу аларда өздөрүнүн баалуулугун сезүүнү калыптандырасыз.
БАЛДАРДЫН АРАКЕТИН ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИН ТААНУУ АРКЫЛУУ АЛАРДА ӨЗ КАДЫР-БАРКЫН СЕЗҮҮНҮ КАЛЫПТАНДЫРАСЫЗ
Баланы шартсыз кабыл алуу — ишеничтүү мамилелердин негизин түзөт, ал эми ата-эне баланын жетишкендиктерин тааныса, балада өз кадыр-баркын сезүү калыптанат. Шартсыз кабыл алуунун себебинде бала өзүнүн сиздин көз алдыңызда канчалык баалуу экендигин түшүнө алат. Ал эми жетишкендиктерин таануу — анын
Жетишкендиктерди баалоо — Ыйык Китептеги маанилүү эреже. Ыйса чөмүлдүрүүнү кабыл алгандан кийин, Асмандагы Атабыз Ага жогору баа берип: «Бул Менин Сүйүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын», — деген (Мт. 3:17). Асмандагы Атабыз эмне кылды? Ал Уулунун кылган ишин баалап, жетишкендигин тааныды. Кудай Ата Уулунун жетишкендигине көп күбөлөрдүн көз алдында баа берип жатса, биз дагы үй-бүлөнүн, башкалардын алдында уул-кыздарыбыздын жакшы аракеттерин мактоого убакыт таба алабыз.
Тилекке каршы, көп балдар мактоо сөздөрүн укпай чоңоюп жатышат. Убакыт өткөндөн кийин, алар комплименттерди шектенип кабыл алып, өздөрүн тамаша кылып, же шылдыңдап жаткандай абалда болушат. Балдарыңызга бир сыноо өткөрүп көрүңүз. Бирөөсүнө: «Сени менен сүйлөшүш керек болуп жатат», — деңиз. «Мени мененби? Эмнени туура эмес кылдым?»
Бала ушундай суроо бериши мүмкүн, бирок сиз: «Жок, сенин тапшырманы мыкты аткарганың жөнүндө айткым келди!» — десеңиз туура болот.
Андан кийин сөзгө сараңдык кылбастан, баланы абдан мактаңыз.
Көп убакыт өтпөстөн, баланы жакшы аракеттери үчүн канчалык көп мактаган сайын, аны жемелөөнүн жана жазалоонун зарылчылыгы жок болуп баратканын байкайсыз. Анткени, мактоо аны жакшы жүрүш-турушка ээ болууга шыктандырат.
Жаңыдан ата болгонумда, тарбиялоодо мындай адатты кабыл алган элем: баланын туура эмес иш кылганын билип калсам, жаман жүрүш-турушу үчүн жазалачумун. Мен ата болгондуктан, балдарымдын ар бир катачылыгын түзөтүп турууга милдеттүүмүн деп эсептечүмүн. Мисалы, Келлинин күндөлүгү «беш» деген баага жык толгону мага белгилүү болду. Мен ишимден башымды көтөрүп: «Акылдуу кызым!» — деп айтуунун зарылчылыгы жок деп эсептегем. Ал эми кеч киргенде, Келлинин бул жетишкендиги жөнүндө таптакыр унутуп, сиңдисин ургандыгы үчүн дароо ачууланам: «Кана, мырзайым, бери келиңиз. Сиз менен сүйлөшүүгө тийишмин!»
Алыста калган ошол жылдарда балдарымдын терс жактарына көбүрөөк басым жасаганымдын көп мисалдарын келтирсем болот. Бул аркылуу аларды таптакыр өзүм каалабаган, тескери нерсеге үйрөтүп жаткан экенмин: «Атаңдын көңүл бурушун каалайсыңбы? Анда туура эмес иш кыл». Бүгүнкү күндө бүт өлкө боюнча жаштар менен сүйлөшүү аркылуу мага бул нерсе айкын болду — ар бир жыйырма баланын ичинен он беши өз үй-бүлөлөрүндө абалдын ушундай экендигин айтышат. Эрежелерди бузсаң, атанын жана башка улуу адамдардын көңүлүн өзүңө оңой бурасың.
Сексенинчи жылдардын ортосунда, улуу кызым он бирге чыга элек кезде, Кудай мага күтүлбөгөн жерден «Бир мүнөттүк менеджер» деген китеп аркылуу кайрылды. Анын авторлору, Кеннет Бланшар жана Спенсер Джонсон, жетекчинин кызматчыларга убагында ыраазычылыгын айтып, позитивдүү аракеттерге шыктандырып турушунун маанилүүлүгүн белгилейт. Анткени мындай мамиленин натыйжасында кызматчылары бизнес-максаттарды аныктап, аларга жетише алышат экен. Мен жетекчилер колдонуучу бул кеңешти өзүмдүн аталык практикама дароо кабыл алдым. Балдарымдын жаман жоруктарын ашкерелеп, түздөгөндү өз милдетим катары эсептөөдөн баш тартып, жаңы педагогикалык мамилени өздөштүрдүм. Ошондон бери менин девизим — «Баланын бир дагы жетишкендигин көз жаздымда калтырбастан, макта!» Бул балдарымдын катачылыктарына такыр көңүл бурбай калдым дегенди билдирбейт. Андай эмес. Жакшы жүрүш-турушту таанып, белгилөө — тартипке келтирүүчү чаралардын ар кандай түрүнө караганда натыйжалуу.
Күлө турган жагдай: китептеги бир гана кыска жазылган пикирден улам мен жаңылышып жатканымды мойнума алып, тарбиялоого карата мамилемди өзгөрттүм. Баланы шартсыз кабыл алуу жөнүндөгү идеяны кубаныч менен кабыл алгам, бирок алардын жетишкендиктерин таанууга үйрөнүү мен үчүн оңойго турган жок. Бир жагынан, балдарымды эч шарт койбостон кабыл алууга аракеттендим, экинчи жагынан — кайра-кайра алардын жаман жүрүш-турушун оңдоого тырыштым. Өзүмдү бир аз акылынан ажыраган адамга окшоштурганым да таң калыштуу эмес! Бирок балдарыма карата мамилем түп-тамырынан бери өзгөргөндөн тартып, кырдаал оңолду. Балдарымдын
Балдарым дароо менин жүрүш-турушумда өзгөрүүлөр пайда болгонун сезишти дей албайм. Бирок менин ой жүгүртүүм өзгөргөндөн кийин, албетте, жүрүш-турушумда да өзгөрүүлөр болду. Келлинин окуудагы ийгиликтери жөнүндө укканымда мен: «Кымбаттуу кызым, сен мыкты окуучусуң!» — деп мактадым. Шондун таштандыны алып чыгарып жатканын көрүп, ийнине колун койдум да, «Уулум, унутпай таштандыны алып чыгарганың үчүн ыракмат», — дедим. Кейтинин оюнчуктарын жыйнап жатканын көрүп, муну айттым: «Кейти, атаң сенин оюнчуктарыңа камкордук менен мамиле кылганыңды баалайт». Хизер энесине үйдү иретке келтирүүгө жардам берип жатканда, анын аракети үчүн ыраазычылыгымды мындайча айттым: «Хизер, сен жакшы кызымсың! Энеңе жардам бергениң үчүн ыракмат!»
Сиз да ушундай аракет кылып көрүңүз. Үй-бүлөңүздү чоң бөлмөңүзгө чогултуп, алардын алдында туруп: «Ыраазычылык билдирүү жыйналышын баштайбыз!» — деңиз. Балдарыңыздын ар биринин бери дегенде бир жетишкендигин баса көрсөтүп, жарыялап айтыңыз. Муну адатка айландырсаңыз, кандай жакшы балдардын атасы экендигиңиз ар дайым эсиңизде болот. Балдарды жакшы иштери үчүн ар дайым алкап турууга үйрөнөсүз. Байкасаңыз, көйгөй балдарыңыздын аларды мактоого жол бербей жаткандыгында эмес. Көйгөй — балдардын жакшы аракеттерин көрүп туруп,
Мен мурда туура тарбиялоо тартипке салып жазалоосуз мүмкүн эмес деп эсептечүмүн. Ушундай ойдо болуп жүргөн аталардан мындай сөздөрдү угууга болот:
— Бирок балдардын үй тиричилигинде өз милдеттери болууга тийиш эмеспи. Таштандыны чыгаруу сыяктуу арзыбаган иштер үчүн мактоонун эмне зарылчылыгы бар?
Менин жообум:
— Эмнеге мактоого болбосун? Сизди ишиңизди жакшы аткаргандыгыңыз үчүн макташканда, өзүңүзгө жагабы? Өзүнүн жетекчисинен: «Ыракмат, бул тапшырманы сиз мыкты аткардыңыз», — деген сөздөрдү укканда, ар бир адам кубанмак. Күндөлүк майда милдеттерин орундатканы үчүн балдар ушундай сөздөрдү уккусу келбейт, дейсизби? Мисалы, сиз минтип айтышыңыз мүмкүн:
• Үй тапшырмаңды убагында аткарып койгондугуң үчүн ыракмат.
• Тамактангандан кийин тарелкаларды раковинага алып барып коюптурсуң, азамат.
• Автомобилимди гаражга киргизип койгон экенсиң, ыракмат. Мен сенден ушуну суранайын деп, унутуп калган элем.
• Досторуң менен сейилдөөнүн ордуна, кичинекей карындашыңды карап, үйдө калганың үчүн ыракмат.
• Газонду тартипке келтиргениң үчүн ыракмат — мыкты кыркыптырсың!
Баланын жетишкендиктерин таануу жөнүндө айтып жатып, төмөнкүнү эске алуу керек: бала сиздин аны шартсыз кабыл алгандыгыңызга толугу менен ишенүүгө тийиш. Болбосо сиздин мактоолоруңуздун манипуляцияга айлануу коркунучу бар. Шартсыз кабыл алуу болбой туруп, жетишкендиктерди баса белгилеп жатсаңыз, балага мындай ойлор келет: «Эгерде мен үй тиричилигине жардам берсем… эгерде мен жалаң беш деген баага окусам… эгерде мен гол киргизсем… ошондо атам мени жакшы көрөт». Өзүн башкалар күтүп жаткандай алып жүрүүгө умтулуу балада күнөөлүүлүк сезимди калыптандырышы мүмкүн. Ошондуктан адегенде, балдарыңыз сиздин аларды шартсыз кабыл аларыңызга ынангандыгына көзүңүз жетсин.
Туура, бул жерде дагы сезгич болуу талап кылынат. Кандайдыр бир чектерден ашып кетпеш үчүн муну унутпаш керек: мамилелердин фундаменти — шартсыз кабыл алуу, ал эми баланын жетишкендиктерин моюнга алуу — мамилелердин кирпичтери. Балдарыңызды шартсыз кабыл алуу аркылуу аларга өздөрүн коопсуз сезүүгө жардам бериңиз. Ошондо алар ийгиликтерге жетишкен-жетишпегендигине крабастан, сиздин жакшы көрөрүңүздөн күмөн санашпайт. Башкача айтканда,
БАЛДАРДЫ КОЛДОЙ ТУРГАНЫҢЫЗДЫ КӨРСӨТҮҮ АРКЫЛУУ АЛАРДЫ АК НИЕТ БОЛУУГА ҮЙРӨТӨСҮЗ
Башка адамга колдооңузду көрсөтүп жатканыңызда, өзүңүздүн сезимдериңиздин чын экендигин билдиресиз. Баланын эмоциялык маанайына ортоктош болгонуңузда, ал анын сезимдерин баалай турганыңызды түшүнөт. Анын кубанычтуу толкундануусун, же көңүлү калып капаланышын тең бөлүшкөнүңүздө, инсан катары баалап жатканыңызды сезет.
Бала ачууланганда өзүңүздү кандайча алып жүрөсүз? Дароо аны: «Уялсаң боло! Өзүңдү колго ал!» — деп жекиресизби? Ал эми балдар жакшы окуядан улам маңдайы жарыла кубанышканда, сиз эмнеге көбүрөөк маани бересиз? Алардын ызы-чуусунабы же кубанычынабы? Мен муну түшүндүм: эгерде ата балдарынын сезимдерин тең бөлүшүүгө аракеттенсе, алар менен бирге кубанып, бирге кейийт.
«Кое туруңуз, — деп мени токтотушуңуз мүмкүн. — Джош, кантип балдарга сезимдерин ушинтип ачыкка чыгарганга уруксат берүүгө болсун? Кимдир бирөөнү бул таарынтышы мүмкүн».
Макулмун. Бирок мен сезимдерин каалаганындай билдирүүгө уруксат берүү жөнүндө эмес, баланын эмоциялык маанайын
Бала биздин аны менен ортоктош экенибизди билиши үчүн анын сезимдерин кантип бөлүшүшүбүз керек? Ал абдан кубанганда, же кейип, үмүтү үзүлүп турганда аны менен кантип эмоциялык байланыш түзүү керек? Ыйык Китепте мындай жазылган: «Кубангандар менен кубангыла, ыйлагандар менен ыйлагыла» (Рим. 12:15).
Элчинин бул айтканын түшүнүү оңой сыяктуу көрүнөт. Бирок балдарыбызды алардын сезимдерине ортоктош экендибизге ынандырбай туруп, жүрүш-туруштарын оңдоону максат кылсак, аны аткаруу кыйын. Мындай азгырылууга берилбеңиз! Баланын жүрүш-турушуна киришкенден мурда, анын сезимдерине кайдыгер эмес экендигиңизге ишендириңиз. Эгерде уулуңуз өз командасынын жеңишине кубанып жатса, сиз дагы аны менен бирге кубанганыңызды билдириңиз. Эгерде кызыңыз таратылып жаткан ушактардын себебинен нааразы болсо, сиз дагы аны менен бирге нааразы экендигиңизди айтыңыз. Эгерде ал курбу кызынан ажыраганына кайгырса, сиздин дагы кайгыра турганыңызды билсин. Сиз ушундай мамилени көрсөтсөңүз, бала сезимдерине ортоктош экендигиңизди байкайт да, ортоңордогу эмоциялык байланыш күч алат.
Кайталап айтам. Колдой турганыңызды көрсөтүүнүн эч кыйынчылыгы жоктой сезилет. Бирок мен үчүн муну иш жүзүнө ашыруу оор болду, ошондуктан аракеттенүүгө туура келди. Балким, сиз дагы ушундай кыйынчылыктарга туш болгондурсуз. Төмөндө көрсөтүлгөн кырдаалдары карап чыгалы:
• Он жетиге чыккан уулуңуз кечинде үйгө кайтып келип, анча олуттуу эмес жол кырсыгына туш болгонун, сиздин автомобилиңиздин дөңгөлөк тосмосунун ийилип калганын айтты. Сиз кандай мамиле кыласыз?
• Он төрт жаштагы жакшы окуган кызыңыздын бир нече «үч» жана бир «эки» деген баа алганы табелинен көрүнүп турат. Ага эмне деп айтасыз?
• Спорт менен машыгып жүргөн кызыңыз сизге телефон чалып: «Тренер мени жактырбагандыктан, волейбол командасынан чыгарып салышты», — деп ыйлады. Биринчи айткан сөздөрүңүз кандай болот?
• Уулуңуз үйгө көгала болуп, бети тытылып келди да, башка бала менен мушташканын айтты. Сиздин аракетиңиз кандай болот?
Мындай кыйын кырдаалдар жана ушуга окшогон окуялар үй-бүлө турмушунда көп эле кездешет. Балдар жаңылышат, көйгөйлөргө туш болушат, жаракат алышат, кырсыкка кабылышат, башка балдардын, атүгүл чоң адамдардын адилетсиз мамилесинен жабыркашат. Кээде жашоодогу кадыресе көйгөйлөр чыныгы трагедияларга айланып кетет, мисалы — өмүргө коркунуч келтирүүчү жаракат же оору, жакын мамилелердин бузулушу, досунун же тууганынын өлүмү. Бирок көп учурда салыштырмалуу олуттуу эмес чатактар, жоготуулар, көңүл калуулар жана күндөлүк жашоодогу «драмалар» көйгөй катары саналышат.
Негизгиси, ушул күндөлүк көйгөйлөрдү чечип жатканда, сиздин балдарыңызга кандай мамиле кылганыңызда. Эгерде сизди биринчи кезекте терс жүрүш-турушту оңдоо жана эрежелердин сакталышы тынчсыздандырса, анда балдарыңыз сиздин алардын сезимине ортоктош болушуңузга үмүттөнө алышпайт. Адегенде алардын кандай сезимде болуп турганын билип, колдоо көрсөткөнүңүз туура.
Өзүмдү биринчи жолу Рим. 12:15 аятында жазылгандай алып жүргөнүм эсимде. Буга Дотти себепкер болду. Мурда ал аны капалантып жаткан кандайдыр бир көйгөй тууралуу мага кайрылганда, мен ал көйгөйдү жоюуга аракеттенчүмүн. Анын сезимдерин тең бөлүшүүгө убакыт кетирбестен, тынчын алган көйгөйдү чечүүгө киришчүмүн.
Бир күнү Дотти мектептеги чогулуштан кийин үйгө келди. Биздин балдарга карата кайсы бир ата-энелердин сын пикирлери ага катуу тийиптир. Эгерде ушундай көйгөй менен мурдагы убактарда бөлүшкөндө, мен ойлонбостон туруп: «Көңүл бурба, кымбаттуум. Биз мындай кылабыз…» — деген сыяктуу сөз баштап, чатакты жөнгө салуудагы өзүмдүн планымды сунуштамакмын. Балким, бул эң сонун план болмок, бирок Доттинин жан-дүйнөсүндөгү ошол учурдагы капасына эч тиешеси болмок эмес. Бирок бул ирет мен акыры туура иш кылдым. Мен аялымды кучактап, мындай дедим: «Кымбаттуум, сага ушундай сөздөрдү угууга туура келгендигине кейийм. Капа болгонуң үчүн сени аяйм!» Доттиге ушул керек болчу: чатакты жөнгө салуу боюнча план эмес, кырдаалды оңдоого багытталган чаралардын тизмеси эмес, жөн гана жүрөктөн чыккан колдоо жана ортоктоштук.
Таң калыштуусу, мындай мамиле натыйжасын берди: Дотти менин колдоомду жана түшүнгөнүмдү сезди — ошол учурда ал башка эч нерсеге муктаж эмес эле. Бир нече күн өткөндөн кийин ал жаныма келип, балабызга карата берилген сын пикирлерге карата кандай чара көрүү керектиги жөнүндө суроо берди. Мына эми менин чатакты жөнгө салуу боюнча планым орундуу болду.
Колдоо көрсөтүш үчүн аялыңыздын же балаңыздын сезимдерин өтө терең түшүнүүнүн анча зарылдыгы жок. Капалануунун себептерин жана канчалык деңгээлде терең экендигин биле албасыңыз дагы, сезимдерине ортоктош экендигиңизди билдириңиз. Чындыгында адамдын капасына жөн гана ортоктош болуунун ордуна — «түшүнүп» жатканыңызды көрсөтөм деп, байкабай таарынтып албаңыз.
Менин досум муну өз тажрыйбасында башынан өткөргөн. Бир жолу аялы бир нерсеге абдан капаланат. Күйөөсү аны колдомокчу болуп:
— Кымбаттуум, кандай сезимде болуп турганыңды мен билем, — дейт.
Аялы кыжырданат:
— Жок, сен билбейсиң! Менин канчалык капаланганымды билем деп кантип айтып жатасың?
Досум эмне дешти билбей калды, бирок аялынын айтканы туура болчу. Адамдын сезимине ортоктош экендигиңизди көрсөтүш үчүн анын кандай сезимде экенин толугу менен билүүнүн зарылчылыгы жок. Өзүбүздүн жакындарыбыздын, өзгөчө балдардын кайталангыс кырдаалдарын ар дайым эле түшүнө бербейбиз. Баланы колдоо — демек, аны менен бирге
Ушундайча, балдарыбыздын санаа тартууларынын тереңдигин түшүнүп жаткандай түр көрсөтүүгө аракеттенбестен, алардын кыйынчылыктарына жана кайгы-капаларына ортоктош боло алабыз. Болбосо, алар биздин чын дилден айтып жатканыбыздан күмөн санап калышы мүмкүн. Татаал кырдаалды башынан өткөрүп жаткан балаңызды колдогуңуз келгенде, мындай деп айтыңыз: «Азыр сага оор болуп тургандыр, бирок сенин билишиңди каалайм: мен дагы сендей эле санаа тартуудамын. Мен сенин жаныңдамын, дайыма эсиңде болсун». Ошондо балаңыз сиздин гана эмес, Кудайдын берген сооронучун сезе алат. Элчи Пабыл мындай деген:
Теңирибиз Ыйса Машайактын Кудайы жана Атасы, боорукердиктин жана сооронуунун булагы болгон Кудай Ата макталсын! Кудай бизди соороткондой эле, ар кандай кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткандарды соорото алышыбыз үчүн, Ал бизди бардык кыйынчылыктарыбызда сооротуп жатат.
Биз Римдиктерге жазылган каттагы Кудайдын айтканын аткарып, «ыйлагандардын кайгысын бөлүшкөнүбүздө» сооронуч келет.
Албетте, биз Рим. 12:15 аятындагы «Кубангандар менен кубангыла, ыйлагандар менен ыйлагыла», — деген насаатты орундатканыбызда, балдарга колдоо көрсөтө алабыз, ошондой эле аларды ак ниеттүүлүккө үйрөтөбүз. Бала бир нерсеге кубанганда, ага кошулуп мындай айтыңыз: «Мен сен үчүн кубанычтамын!», «Бул кылганың эң жакшы!», «Максатыңа жеткениң үчүн бактылуумун!», «Бул сен гана эмес, мен дагы кубана турган жеңиш!» Сиздин кылган иштериңиз дагы балдарыңыздын сезимдерине ортоктош болуп жаткыныңызды көрсөтөт. Кубанычтуу окуялар кээде салтанаттуу белгилөө жана белектер менен коштолот. Бирок булар өтө кымбат болбоого тийиш. Балаңыз менен бирге кафеге барсаңыз болот же балмуздак алып бериңиз, жаңы CD сатып бериңиз, кандайдыр бир артыкчылыктарды (жеңилдиктер, өзгөчө укуктар) бериңиз, шыктандыруучу куттуктоолорду жазып жибериңиз. Сиз балдарыңыз сыяктуу кубана албашыңыз мүмкүн, бирок алардын кубанычын бөлүшүп, алар үчүн кубанып турсаңыз, муну колдоо катары кабыл алышат, ишеничтүү мамилеңер ого бетер бекемделет.
• Балдарды шартсыз
• Балдарга
• Балдардын жетишкендиктерин
• Балдарды
• Баланы туура эмес кылган иштери үчүн жазалаганыңызда, анда жоопкерчилик сезимин калыптандырасыз.
~5~
Үчүнчү милдет
Бала үчүн ал туурай турган үлгү болууга аракеттенүү
Бир адам машинасын жолдун четине токтотуп, сыртка чыкты да, талаада иштеп жаткан фермерге кайрылды.
— Алагды кылганым үчүн кечирим сурайм, — деп кыйкырды ал. — Дуврга чейин кантип жетсем болот, айтып берсеңиз?
— Билем, — деп жооп берди фермер, — жакын эле жерде, мындан 4 миль аралыкта. Бир миль жол жүргөнүңүздөн кийин, кесилишти көрөсүз. Оңго буруласыз да, Дуврга чейин түз барасыз.
Адам фермерге ыраазычылыгын айтып, машинасына отурду.
Кесилишке жеткенден кийин ал эч буйдалбай оңго бурулду. Жанында бараткан аялы:
— Генри, фермер солго бурул, деп айткан, сен оңго буруп жатасың.
— Билем, кымбаттуум, — деп жооп берди күйөөсү. — Сен байкадыңбы, ал «солго» деп айтып жатканда, колун оңго шилтегенин? Адамдын сөзү иши менен айкалышпаган учурларды мен дароо сезем. Ишке көбүрөөк ишенүүгө туура келет.
Көп өтпөстөн, алар Дуврга жетип барышты.
Бул окуя менин айтайын деген оюмду даана түшүндүрөт: балдарыбызды туура иштерге үйрөтүүгө канчалык аракеттенсек дагы, алар үчүн чыныгы мугалим — биздин кылган иштерибиз.
ӨЗ КӨЗҮМ МЕНЕН КӨРМӨЙҮНЧӨ ИШЕНБЕЙМ
Заманбап жашоодогу балдар «Эмне натыйжалуу болсо, ошол туура» деген мыйзамды карманган дүйнөдө жашап жатышат. Бул жаңылыштык (эмне чындыкка туура келсе, ошол туура экенин биз кантип билбейли), бирок балдарыбыз бир нерсени кабыл алууга, же колдонууга чейин, сунушталып жаткан нерсенин канчалык таасирдүү жана натыйжалуу экендигине ынангылары келишет. Алардын девизи: «Өз көзүм менен көрмөйүнчө ишенбейм».
Мындай ой жүгүртүүнүн өз артыкчылыктары бар, анткени биз балдарыбыз үчүн алар туурай турган үлгү болууга мүмкүндүк алабыз. Эгерде күн сайын ата-энелеринин жашоосунан ишеничтүүлүктү, чынчылдыкты, боорукердикти, сыйлоону, адилеттүүлүктү, мыйзамга баш ийүүчүлүктү, ырайымдуулукту, өзүн башкара билүүнү көрүп турушса, алар бул баалуулуктарды чын көңүлү менен өздөштүрө алышат. Балдар үчүн
— Балдарым, бүгүн кайсы жерден түштөнгүңөр келет? — деп сурадым мен.
Чогуу ызы-чуу салып, балдар сүйүктүү кафелерин атай башташты. Акыры чечим дээрлик бир добуштан кабыл алынды. Келлиден башкасы баары тең бир кафени тандашты. Машинага отурдук, үйдүн жанындагы жолдон бурула бергенибизде, Келли жактырбаган үн менен:
— Ушул жапайы ашканага кайра барарыбызга ишенбей турам! — деди.
Мен дароо жооп кайтардым:
— Келли, сенин мамилеңди дагы, айткан сөздөрүңдү дагы кубаттай албайм.
Кызыма өзүнө жакпагандыктан гана иниси менен сиңдисинин тандоосун жамандаганы сыпайылыкка жатпай тургандыгын айттым. Эми бир аз сый көрсөткөн маанай менен өзүнүн каршы болгондугунун себебин түшүндүрдү. Өз ара тил табышууга жетиштик. Шонду, Кэтини жана Хизерди Келлиге «жакпай калган» кафенин жанынан түшүрө турган болдук. Келли, Дотти жана мен кызыбыз тандаган кафеден түштөнөбүз. «Электораттын» көпчүлүгү тандаган тез тамактануу жайына жеткенде, буйрук кылдым:
— Биринчи топ, кускуну келтирген ашканага жөнөгүлө.
Менин табалагандай айткан сөзүм үч кичүү баламдын кулактарынын сырты менен кеткендей сезилди. Алар заказ кыла турган картофель-фри жана гамбургерди элестетип, кубанычка батпай жөнөштү. Бирок биз кафеден узар замат, Келли мага мындай суроо берди:
— Ата, сиз өзүңүз мага эскертүү айтып, кайра өзүңүз ошондой эле иш кылдыңыз. Түшүндүрүңүзчү, «жапайы ашкана» деген сөздүн «кускуну келтирген ашкана» дегенден эмнеси жаман?
Мен Келлиге: «Кызым, мен сенин атаңмын, сен болсо менин кызымсың. Мен эскертүү айтканда сен угушуң керек», — дей алат элем, бирок унчуккан жокмун. Келлинин жүйөлүү сөз айтканы талашсыз. Ал тандаган кафеге кирдик. Өзүмдү колго алып, Келлиден өзүмдүн иретсиздигим жана эки жүздүүлүгүм үчүн кечирим сурадым. Анткени кызыма туура эмес мамилеси үчүн эскертүү айтып, өзүм болсо айтканымды ишим менен далилдеген жокмун. Кыскасы, кечирим сурадым.
Ошентип, мен жеткилең үлгү көрсөтө албасам дагы, колдоно тургандай чыныгы үлгү көрсөттүм. Биз, ата-энелер, адептүү жүрүш-туруштун үлгүсү болууга тийишпиз. Бирок биз адам болгонубуздан кийин, жаңылыштык кетирбей койбойбуз. Мындай учурларда катабызды мойнубузга алып, момундук кылып, кечирим сураганыбыз оң. Ошондо биз балдар үчүн чыныгы үлгү болобуз — анткени балдарыбыз туура эмес иш кылган күндө дагы, күнөөсүн мойнуна алып, кырдаалды оңдогонду үйрөнүшөт.
КИМ КИМДИН АЛДЫНДА ОТЧЕТ БЕРЕТ?
Кимдир бирөөлөр, биз балдардын алдында кечирим сурагыныбызда, алардын алдында өзүбүздү алсыз катары көрсөтөбүз, деши мүмкүн. Бул, эгерде балдарга ата-энесин «оңдоого» уруксат берсе, алар ата-энесин сыйлабай калышат деген мааниде. Өкүмчүл, өзүнө карата сыйды талап кылган ата-энелерге ушундай ой жүгүртүү мүнөздүү. Мен балдарымдын
Кээ бир ата-энелердин «балдардын алдында кечирим суроого болбойт» деп эсептегенинин дагы себеби: үй-бүлөнүн башчысынын ролу жөнүндөгү туура эмес түшүнүк. Алар Кудай үй-бүлөнүн президенти, үй-бүлө мүчөлөрүнүн чексиз башкаруучусу, бийикте отурган Падыша кылып атаны дайындаган деген пикирде болушат. Алар үчүн ата — үлгүлүү-көрсөтмөлүү мугалим, ал эми балдары — өз пикирин айта албаган окуучулар. Кээ бир аталар, атүгүл, аялына да үнүн чыгарбай турган өз тарбиялануучусундай мамиле кылган учурлар кездешет.
Бирок Ыйса Өзүнүн окуучуларына чыныгы лидер кандай болууга тийиш экендигин айкын көрсөтүп кеткен. Анын окуучулары адамдарды жетектөө — алардын үстүнөн бийлик кылуу деп түшүнүп, жаңылышкан. Келиңиз, Ыйса туура эмес жетектөөнү кантип ашкерелегенин көрөлү да, Анын пикири боюнча татыктуу жетектөөнүн кандай болорун билип алалы. Ыйса мындай дейт:
…Элдерге падышалар үстөмдүк кылышат, элдердин үстүнөн бийлик жүргүзүүчүлөр «Жакшылык кылуучулар» деп аталышат. Силер болсо андай болбогула. Тескерисинче, араңарда ким улуу болсо, ал кичүүдөй болсун; ким башчы болсо, ал кызматчыдай болсун. Анткени кимиси чоң: дасторкондо отурган адамбы же кызмат кылган адамбы? Албетте, дасторкондо отурган адам чоң. Мен болсо силердин араңарда кызмат кылган адам сыяктуумун.
Ыйса бийлик жана жетекчилик жөнүндө таптакыр жаңы түшүнүктү киргизген. Анын замандаштары бийлиги бар адамдарга кызмат кылып, баш ийүүнүн зарыл экендигине ынанып жашап келатышкан. Ыйсанын көз карашы боюнча, кызмат кылуу — жетекчинин милдеттеринин бири болуп эсептелет. Ушундай жаңы идеясы менен Ыйса шакирттери менен Пасах тамагын кабыл алган кечте, Жыйын үчүн Өз өмүрүн кыйгандан бир күн мурда бөлүшкөн. Элчи Жакан Анын отурган жеринен туруп, кул катары шакирттеринин бутун жуугандыгы жөнүндө жазат. Жууп бүткөндөн кийин Ыйса мындай дейт:
…Силерге эмне кылганымды түшүндүңөрбү? Мени: «Устат», «Теңир», — дейсиңер. Мунуңар туура, анткени Мен чынында эле Ошолмун. Мен Теңир жана Устат болуп туруп, бутуңарды жуудум. Демек, силер да бири-бириңердин бутуңарды жуушуңар керек. Анткени Мен силерге үлгү көрсөттүм, Мен силерге эмне кылсам, силер да ошону кылгыла.
Ушул айтылгандардын негизинде ата үй-бүлөдө Өзүнүн бийлик кылуу укуктарын кандайча ишке ашырууга тийиш экендиги жөнүндө жыйынтык чыгаралы. Эгерде Ыйсанын көз карашын кабыл алып, аны үй-бүлөбүздү жетектөөдө колдонгубуз келсе, анда үй-бүлөдөгү адамдарыбыздын «бутун жууга» тийишпиз. Ыйсанын бийлик жөнүндөгү мындай түшүнүгүн кабыл алуу бардык эле аталар үчүн жеңил боло бербейт. Анткени Ал бийлик жөнүндөгү идеяны түп-тамыры менен өзгөртүп жатат. Жакындарга кызмат кылуу сиздин аткарууңузда кандайча ишке ашырылат? Өзүңүздү «катардагы» мүчөнүн ордуна койгонуңуздан кийин, жакындарыңызга кандайча кызмат кыласыз? Эгерде сиздин үй-бүлөңүздө катаал иерархия (кичүүлөрдүн улууларга, даражасы төмөндөрдүн даражасы жогоруларга баш ийиши) сакталса, Ыйсанын сунуштаган эрежеси орундалбайт. Бул эрежени үй-бүлөнүн биримдигин ого бетер чыңдоонун, аялыңыз жана балдарыңыз менен ишеничтүү мамиле түзүүнүн мүмкүндүгү катары кабыл алганыңызда, сөзсүз үзүрүн берет.
Ар бир ата баарынан мурда, балдары үчүн сүйүктүү адам болгусу келет, ушул себептен анын тилин алып, андан таалим алышын каалайт. Бардык ата-энелер өз балдарынын жоопкерчиликтүү, тил алчаак болуп чоңойгонун көргүсү келет. Бирок Кудайга баш ийген, балдарына кызмат кылып, алардын алдында жоопкерчилик көрсөткөн атадан артык ким жоопкерчиликке үйрөтө алат?
«Мына, Макдауэлл, сен таптакыр акылдан айныдың», — деп ойлойт кимдир бирөө. Бирок балдар тараптан ишеничке, урматка, сыймыктанууга ээ болуунун бирден бир жолу — алардын сизден отчет талап кылышына мүмкүндүк берүү экендигин айткым келет.
Башында мен мындай ыйгарым укукту аялым Доттиге бердим. Аялым — мени менен өмүрүн жана сүйүүсүн тең бөлүшкөн адамым, балдарымдын энеси, менин сүйүктүүм, эң жакын досум жана Кудайдын мага берген кайталангыс белеги! Дотти мени баарынан артык баалайт жана мени менен сыймыктанат.
Ошондуктан, бир жолу мен ага мындай дедим:
— Кымбаттуум, мен сенин жардамыңа муктажмын. Менин күйөөнүн жана атанын ролун кандайча орундатып жатканым жөнүндө мага талап коюуга даярсыңбы? Иш сапарларга баруу үчүн мен үй-бүлөмдү көп калтырып жаткан жокмунбу? Сен жана балдарым жөнүндө жетиштүү кам көрүп жатамбы? Кандай болсо, ошондой айт. Мен силерге аз убакыт бөлүп жатсам, унчукпай калба, сенин кандай ойдо экендигиңди билгим келет.
— Сүйлөштүк, — бир аз ойлонуп туруп айтты, Дотти. — Мен сага бардыгын айтам жана мындан ары айта жүрөм. Кээде менин сөздөрүм сени таарынтпаса экен деп тынчсызданам.
— Кымбаттуум, — кайсы бир убактарда мен коргонуу позициясын карманышым мүмкүн. Ушундай болгондо, бул жөнүндө дагы айтууга толук укугуң бар. Мен чындыкты угууга даярмын.
Ушуну менен токтоп калганым жок. Келли жети жашка толгондо, мен ага «өзгөчө» кат жаздым:
Келли, кызым, мен сени абдан жакшы көрөм! Сага ата болгонум үчүн бактылуумун! Бул жылы мага сенин жардамың керек болорун билишиңди каалайм. Мен эч качан жети жашар кыздын атасы болуп көрө элекмин, бирок сен үчүн дүйнөдөгү эң мыкты ата болгум келет! Эгерде качандыр бир убактарда, менин бир нерсени туура эмес кылганымды, адилетсиз же көңүлкош болгонумду сезсең, мага бул тууралуу түз айтууңду суранам.
Шон жети жашка толгондо, ал дагы ушундай эле кат алды. Дегинкиси, төрт балама тең өз убагында окшош каттарды жазгам. Бирок Кэтиге арнаган катымда: «Мен эч качан жети жашар, көздөрү көгүлтүр, сулуу кыздын атасы болуп көрө элек болчумун», — деп жазууга туура келди. Хизерге жазган катымда дагы ушундай анча олуттуу эмес толуктоолорду киргиздим.
Ошол кезден тартып, өз үй-бүлөмдүн алдында отчет берүүнү чечтим, аялым жана балдарым менин мыкты кеңешчилерим болуп калышты. Мисалы, Келли менен Шон менин сунушумду кубанып кабал алышты, ал эми эки балам дагы четте калышпады, учуру келгенде мени «чындык жолуна» кайтарып жатышты.
Бир жолу Шон менен шаардын борборунда сейилдеп жүрүп, бир адамга жолугуп калдык. Ал мени менен сүйлөшкүсү келип, жаныбызга келип токтоду. Анын айткан сөздөрү мага жага бербегендиктен, мен тез коштоштум. Ал адам басып кеткенден кийин Шон өз оюндагысын айтты: «Ата, менимче сиз бул адамга сылык мамиле кылбай, орой сүйлөштүңүз».
Уялганымдан жерге кирип кетким келди. Ал адам алыс кете элек экен, дароо артынан жетип бардык. Аны колунан алып, уулумдун көзүнчө андан орой жүрүш-турушум үчүн кечирим сурадым.
Күндөрдүн биринде, мен кезектеги иш сапарынан кайтып келсем, кызым Кэти мага эч тартынбастан мындай деди:
— Ата, сиз мага адилетсиз мамиле кыласыз.
— Кызым эмне жөнүндө айтып жатасың?
— Сиз үйгө кайтып келгенде, баарын: Келлини, Шонду жана Хизерди кафеге алып барасыз, мени калтырып коесуз.
— Чын эле ошондойбу?
— Ооба. — Он жашар кызым айтканынан кайтчудай эмес, ошентсе да, мындай деп сурады: — Бүгүн кафеден тамактанууга барабызбы?
Кэтинин мага талап коюп, менин ага карата калыс эмес мамилем жөнүндө оюндагысын ачык айтууга мүмкүндүгү бар экендигине кубандым.
Мен кызыма жетишерлик убакыт бөлүп жатам деген ойдо жүргөм, ал эми кызым андай деп эсептебейт экен. Ошондуктан анын кафеден тамактанууга «мажбурлап» чакыруусуна абдан кубандым. Албетте, атасы менен кафеге баруу Кэти үчүн маанилүү окуя болчу, ошондуктан кызым чоңойгонго чейин, мындай бирге тамактануулар адатка айланды.
Ишенсеңиз, үй-бүлөмдүн алдында отчет берүүгө чечим кабыл алганым мага жагымдуу мүнөттөрдү алып келген жок. Менин сунушумдан колдонуп, аялым менен балдарым дароо мени оңдоого киришишти деп айта албайм, бирок алар мага кандайдыр бир кеңештерди берүүдөн тартынышкан жок.
Кээде алардын сын пикири намысыма тийгенде, мен коргонуу позициясына өтчүмүн. Бирок мен таарына баштаганда, «кеңешчилерим» унчукпай калышчу, бул — түшүнүү менен жардамдын улуу булагы сооло баштаганын билдирчү. Ошондуктан өзүмдүн текебердигимдин азабын көтөрө албай кыйналганымда, мен жакындарымдын жардамына муктаж экенимди сезер элем.
Биз, аталар, өз катачылыктарыбызды, алсыздыктарыбызды жана жеткилең эместигибизди мойнубузга алуудан коркпосок, анда балдарыбыз үчүн чыныгы үлгү боло алабыз. Элчи Пабыл эл алдында чыныгы жүзү менен жашоо кандай болууга тийиш экенин билген. Корунт шаарынын машайакчыларына жазган катында ал өзүнүн терең рухий ачылыштарга ээ болгондугун, бирок алар менен «мактанбай» турганын айтат. Андан ары момундук менен мындай деп жазат: «Кимдир бирөө мен жөнүндө уккан-көргөнүнөн да жогору ойлоп албашы үчүн, өзүмдү токтотуп жатам» (2 Кор. 12:6).
Пабыл өзүнүн жашоосун башкаларга үлгү катары сунуш кылат, бирок муну менен ал Машайактын адеп-ахлактык жогорку стандартын алмаштырууга аракеттенген жок. Чындыгында ал корунттуктарга мындай дейт: «Мен Машайактан үлгү алгандай эле, силер да менден үлгү алгыла» (1 Кор. 11:1). Башкача айтканда, ал Машайакка окшош болууга умтулган. Ошол эле убакта Пабыл өзүн жеткилең жетекчи катары көрсөтүүдөн алыс — ал өз алсыздыктарын жана кемчиликтерин жашырбайт.Чын сырын мындайча ачып берип жатат:
Өзгөчө аяндарды алгандыгымдан улам менменсинип кетпешим үчүн, менин денемде тикенек бар. Менменсинип кетпешим үчүн, денемди кыйнап турууга шайтандын бир периштеси жиберилди. Менден аны четтетүүсүн өтүнүп, Теңирге үч ирет сыйындым. Бирок Ал мага мындай деди: «Менин сага болгон ырайымым жетиштүү. Анткени Менин күчүм алсыздыкта жеткилең болот». Ошондуктан Машайактын күчү менден орун алат деп, өзүмдүн алсыздыгым менен артыгыраак мактанам. Ошондуктан Машайак үчүн алсыз болгонума, кордук көргөнүмө, муктаж болгонума, куугунтукталганыма жана кысымчылыкты башымдан өткөргөнүмө ыраазымын. Анткени мен алсыз болгондо күчтүүмүн.
Пабылдын кадыр-баркынын күмөнсүздүгүнүн жана үлгү алууга татыктуу болгондугунун сыры — «өзүндө Машайактын күчүнүн орун алышы үчүн» алсыздыктарын түшүнүп, мойнуна алгандыгында. Сиздин кадыр-баркыңыздын булагы ушунда! Жардамга муктаж экениңизди мойнуңузга алып, үй-бүлө мүчөлөрүңүздүн алдында отчет бергениңизде, Кудайдын күчүнүнүн сиз аркылуу аракеттенишине жол бересиз. Кудай сиздин алсыздыктарыңызды жана каталарыңызды билет, ошондой эле алар жакындарыңыз үчүн да жашырын эмес. Аларды жаап-жашырууга аракет кылуудан эч натыйжа чыкпайт. Алсыздыктарыбызды жана каталарыбызды мойнубузга алып, өзүбүздү сүйгөн адамдардан жардам сурап кайрылганыбыз түзүгүрөөк.
Биринчи кезекте аялыңыз менен сүйлөшүңүз. Сиз аны өзүңүз үчүн калыс адам катары дайындай элек болсоңуз, анда бир нерсени туура эмес жасагаңызда же катачылык кетирүүнүн алдында турганыңызда, сизге айтып турушун сураныңыз. Андан кийин балдарыңыз менен сүйлөшүңүз — алар үчүн сиздин дүйнөдөгү эң мыкты ата болууну каалай турганыңызды, муну ишке ашыруу үчүн алардын жардамына муктаж экениңизди айтыңыз. Муну алар жети жашка чыккандан тартып жасоону сунуштайм. Балдарыңыздын пикири боюнча сиз туура эмес иш кылганыңызда, алардын бул тууралуу айтууга укуктуу экендигин айтыңыз. Алардын ар бири менен «өз ара отчеттуулук боюнча өнөктөш» болуу жөнүндө «атайын» сунуш жазсаңыз болот деп ойлойм. Мындай чечкиндүү кадам сиздин Кудайдын алдында балдарыңыз үчүн чыныгы жана татыктуу үлгү болушуңузга мүмкүндүк берет деп ойлойм. Менин кеңешимди кабыл алып, балдарыңызга «атайын» сунуш кылгыңыз келсе, төмөндөгү үлгүгө көңүл бурууңузду суранам:
Урматтуу _____________(балаңыздын аты), мен сени абдан жакшы көрөм. Сенин сезгичтигиңди, чынчылдыгыңды, сүйө билген, камкор жүрөгүңдү баалайм. Ушул катым аркылуу менин сага карата кээде анчалык чынчыл боло албасам, жетишерлик сезгичтик көрсөтпөй же аз камкордук кылган болсом, мага эскертип турушуңа уруксат берем. Мен сен үчүн дүйнөдөгү эң мыкты ата жана дос болууну каалайм!
Сага көбүрөөк убакыт бөлө албагандыгым үчүн кечирим сурайм. Сенин жашооңдо болушунча активдүү катышкым келет. Мен өз иштеримден таптакыр бошобой калганымда, бул кат мага эскертүү кылып турушуңа укук берет. Суранам, бул укугуңду колдон.
Өзүмдүн ишке ашпай калган кыялдарымды сенин жашооңдо орундатууга аракеттенип, эч качан машыкпаган спортто келечекте жеңишке жетүүңдү; эң мыкты бааларды алышыңды; мурдагыдан дагы жакшы болууга умтулушуңду талап кылганым үчүн мени кечир. Мени кескин эскертүүлөрүм, чыдамсыздыгым, катуу мүнөзүм үчүн кечирим сурайм. Мен сени жакшы көрөрүм жөнүндө эч күмөн санабашың үчүн, сен үчүн эң мээримдүү жана жакшы көргөн ата болгум келет.
Бул каттын жардамы менен сен менден көзөмөлүмдү азайтып, өз алдыңча аракеттенүүңө мүмкүндүк беришимди сурай аласың. Менин сабырдуу ата болушума жардам бере аласың деп үмүттөнөм. Ошентип, сага берилген укуктарды колдон, ал эми бул кат убакыттын өтүшү менен жараксыз абалга келсе, мен сага жаңы кат жазып берүүгө убадамды берем.
Өз жакындарынын алдында отчеттуулукта болуу жөнүндөгү чечим үй-бүлөңүзгө биримдик алып келет, ал эми балдарыңызды чындык жолуна багыттоого мүмкүндүктөрүңүз көбөйөт. Үчүнчү милдет ушундай: Бала үчүн ал туурай турган үлгү болууга аракеттенүү.
~6~
Төртүнчү милдет
Балага кудайдын ким экендигин жана анын кимге окшош экендигин түшүндүрүүгө аракеттенүү
— Ата, Кудай кайсы жерде жашайт? — деп сурайт сизден уулуңуз.
— Кандай деп айтсам, — дейсиз сиз, — асманда болуш керек деп ойлойм.
— Бирок биз өлгөнгө чейин асманды көрө албайбыз, туурабы? — деп сөзгө аралашат кызыңыз.
— Туура, өлмөйүнчө, көрө албайбыз, — деп макул болосуз сиз.
Балаңыз шашыла мындай деп кошумчалайт:
— Кудайды эч ким эч качан көргөн эмес, туурабы?
— Туура, — деп жооп берип жатып, алардын сөздү кайда буруп жатканын түшүнүүгө аракеттенесиз.
— Андай болсо, — деп ойлоно чачтарын сылап, кызыңыз жыйынтык чыгарат, — өлгөнгө чейин Кудайга бара албасак, атүгүл Аны көрүүгө мүмкүн болбосо, анда Анын кимге окшош экендигин жана бар экендигин кантип биле алабыз?
Балдарыңыз мындай суроолорду бербеген болсо дагы, кайсы бир күнү Кудай жөнүндө сизден сурашат. Сиз машайакчы ата катары Кудайдын ким экендиги жана Анын кимге окшош экендиги тууралуу суроого жооп берүүгө тийишсиз. Балдарыңыздын келечеги, алардын Кудай менен мамилесинин кандай болору көп учурда алардын Асмандагы Атаны кандайча кабыл алгандыгынан көз каранды.
Өзүңүздүн Кудайды таанууга кандайча келгендигиңиз эсиңиздеби? Бала кезиңизде Аны кандайча элестетчүсүз жана улам жетилген сайын Ага карата мамилеңиз кандайча өзгөрдү? Адамдардын көпчүлүгү Кудай жөнүндө түшүнүгүн өз жашоосундагы бийликке ээ адамды, көп учурда — атасын көрүп калыптандырышкан.
Эгерде атаңыз өкүм адам болсо, анын тарбиялоого карата катаал мамилесинен улам, Кудайды сиз соттоочу катары элестеткендирсиз. Балким Аны кандайдыр бир ката же жаңылыштык кетирериңизди күтүп турган көзөмөлчү катары кабыл алгандырсыз. Эгерде атаңыз бошоң адам болсо, Кудай сиздин эмне кылып жатканыңыз менен иши жок инсандай сезилгендир? Ал эми көңүл кош ата тарбиялаган болсо, «Кудай менден ушунчалык алыс» деген ойдо болгондурсуз.
Ал эми атаңыз сизди жакшы көрсө, эрежелерди орнотууда сүйүү менен гана жетектелсе, Кудайдын сизди жакшы көрүп, чындап сизге камкордук менен мамиле кыларынан күмөн санаган эмессиз. Ал сизди кандай болсоңуз, ошондой кабыл алат деп эсептегенсиз жана Анын осуяттары сиздин кызыкчылыгыңызга багытталганын билчүсүз. Мындай учурда Машайакты өзүңүздүн Теңириңиз жана Куткаруучуңуз катары кабыл алууга мүмкүндүгүңүз жогору болгон.
Кудай үй-бүлөнү Жаңы Кабарды таратуунун негизги булагы жана балдарды Машайакка алып келүүнүн мүмкүндүгү кылып жаткан. Ата-эне — Кудайдын биздин балдарыбызды жакшы көрөрү жана аларды Өз жүрөгүнө түбөлүк жакындатууну каалай тургандыгы жөнүндөгү Жакшы Кабардын эң мыкты жарыялоочулары. Акыркы статистикалык маалыматтарга таянсак, «бардык америкалыктардын 83%ы төрт жашынан он төрт жашка чейин өз жашоосун Машайакка арнашат. Он тогуз жаштан улуу адамдардын машайакчы болуу ыктымалдуулугу болгону 6%ды түзөт»[13]. Урматтуу ата-энелер, балдарга болушунча Кудай жөнүндө туура түшүнүк берип, Аны менен тааныштырууда эң сонун мүмкүндүккө ээсиздер. Бир дагы ата балдарынын Кудайды өкүм, бошоң же көңүлкош деп түшүнүшүн каалабайт. Ыйык Жазууда көрүнүп тургандай — «Биз менен мамиле түзүүнү эңсеген» (Чыг. 34:14, NLT) жакшы көрүүчү, ырайымдуу Асмандагы Атабызды балдарыбыз тааныса дейбиз.
Кээ бир учурларда балдар Кудай жөнүндө татаал суроолорду да беришет. Аларга жооп берүүгө даяр болуңуз. «Ооба, биздин денелик көзүбүзгө Ал көрүнбөйт, бирок иш жүзүндө Ал кайсы жерде болууга тийиш болсо, ошол жерде. Биздин Анын кандай экендигин жана кимге окшоштугун билишибиз үчүн Теңир бизге бардыгын ачып берген».
АНЫ КӨРБӨЙБҮЗ, БИРОК АЛ ЖАНЫБЫЗДА
«Түбөлүктүү Падыша, өлбөс, көрүнбөс, жалгыз акылман Кудай түбөлүккө урматталып, даңктала берсин! Оомийин!» (1 Тим.1:17). Кудайды көрө албаганыбыздын олуттуу себеби бар. Кудай
Биздин денебиз Кудайды Анын коркунучтуу кудурети менен бирдикте көрүүгө жөндөмсүз. Теңир Мусага мындай деп айткан: «Сага Менин жүзүмдү көрүүгө болбойт, анткени Менин жүзүмдү көргөн адам тирүү калбайт» (Чыг. 33:20). Анын улуулугу, күчү жана даңкы адамдын денесинин физикалык жөндөмдөрүнөн алда канча ашып түшкөндүктөн, буларды көргөн адам дароо өлмөк.
Балдарга кичине кезинен тартып, Кудайдын улуу жана таң каларлык экендигин, материалдык дүйнөнүн чектери менен аныкталбай тургандыгын түшүндүрүү маанилүү. Өзүбүзгө караганда чоң нерселер менен баарыбыз, атүгүл кичинекей балдар дагы, суктанабыз. Кудай улуулукка жана сырга толгон. Өзүбүздүн жаныбыздан Аны көзүбүз менен эмес, жүрөгүбүз менен «көрөбүз». Анын материалдуу эместиги балдарыбызга Анын бар экендигин далилдешибизге тоскоолдук кыла албайт. Теңир Өзүн дүйнөгө ар кандай жолдор менен ачып берген.
«Буга чейин ата-бабаларыбызга пайгамбарлар аркылуу ар кандай жолдор менен сүйлөп келген Кудай акыркы күндөрдө бизге Уулу аркылуу сүйлөдү… Уул Теңирдин даңкын чагылдырып турат…» (Эвр. 1:1–3). Ыйса Кудайдын адам кейпинде келген бейнеси. Кереметтүү күч аркылуу Кудай биз жашаган материалдуу дүйнөгө келип, арабызда жашаган, биздин Аны менен жакын мамилебизди калыбына келтиришибиз үчүн өлүп, тирилген. Машайакчылык ишенимдин негизги чындыктарынын бири мындай деп айтылат: «Сөз адам болуп арабызда жашап турду. Биз Анын даңкын, Атанын жалгыз Уулунун даңкын көрдүк» (Жкн. 1:14). Кудайдын реалдуу экендигин, биз менен жакын мамилесин кайрадан калыбына келтириш үчүн мындан эки миң жыл мурда адам кейпинде келгенин балдарга түшүндүрүңүз. Ал Ыйса болчу, Анын Эммануил деген аты «Кудай биз менен» дегенди билдирет.
Кудай Өзүн дүйнөгө Өзү жараткан нерселер аркылуу дагы көрсөттү, «Дүйнө жаратылгандан бери Кудайдын көзгө көрүнбөгөн табияты: түбөлүктүү күчү жана Кудайлыгы Анын жараткан нерселерин карап чыгуу аркылуу көрүнөт» (Рим. 1:20). Дөөт падыша бул жөнүндө мындай деп айткан: «Күн күнгө сүйлөп, түн түнгө билим берет. Алардын үнүн укпаган бир да эл, бир да улут жок. Алардын үнү бүт жер жүзүн аралап өтөт, алардын сөзү аалам чегине жетет» (Заб. 18:3–5).
Бизди курчап турган материалдуу дүйнөгө көз чаптырганыбызда, анын Жаратуучусу чебер гана эмес, гениалдуу Сүрөтчү экендигинен кабар алабыз. «Бул дүйнө капыстан пайда болгон», — деген идея орунсуз. Ааламдын укмуштуудай өзгөчөлүктөрүнө, аны Кудай кандай сонун кылып жаратканына балдардын көңүлүн бурууга бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланыңыз. Бул аркылуу балдар Кудай — бардык нерселердин Жаратуучусу экендигин түшүнө алышат.
Сиз качандыр бир убакта Диснейлендде же Диснейуорлддо болдуңуз беле? Бул сейилдөө парктарынын кире бериштериндеги эңкейиштерди көркүнө чыгарган гүлзарларга көңүл бургандырсыз? Ар кандай сорттогу жана түстөгү гүлдөрдөн Микки Маустун таанымал портреттери түзүлгөн. Ландшафттык искусствонун мындай кереметин эч ким капыстан пайда болуп калган сүрөт деп айта албайт. Эмне үчүн? Биринчиден, мындай ар кыл сорттогу жана түстөгү гүлдөр ал жерде өздөрү өсүп, капыстан эле Микки Мауска окшош сүрөттү түзүп калган жок. Гүлдөрдүн сортторунун көптүгү жана алардын өз ара айкалышуусунун кылдаттыгы бул сүрөттүн
Экинчиден, бул гүл композициясынын татаалдыгынан тышкары, анын тутумундагы бөлүктөр белгилүү тартип менен жайгаштырылган: бир гүлдөр көздөрүн, башкалары мурдун, үчүнчүлөрү болсо оозун жана таанымал болгон кулактарын түзүшөт. Бул гүлзарлар өз алдынча композициялардан туруп,
Мындай татаалдыктын (же чындыкка окшобогондуктун) жана алдын ала ойлоштурулгандыктын айкалышы
Мындан дагы чоң
Баланын туулган күнүн майрамдоо жараткан Кудайдын дагы бир кереметине — жаңы адамдын өмүргө келгенине суктанууга түрткү болуп берет. Биздин татаал түзүлгөн денебиздин кызыктуу өзгөчөлүктөрү — кылдат Чеберди даңктоого себеп эмеспи?! Орто мектептеги биология сабагы эсиңиздедир? ДНК молекуласынын эки катар спиралы винт түрүндөгү тепкичти элестетет, ал эми ар бир тепкич сиздин генетикалык кодуңуздун кичинекей бөлүгүн өзүнө камтыйт. Анан дагы бир керемет! Ар бир клетка ДНКнын сиздин денеңиздин түзүлүшү жөнүндөгү маалыматты сактап турган көчүрмөсүн алып жүрөт! Бул «тепкичтердин» ирети ар бир жаңы клетканы өндүрүү үчүн үлгүнү түзөт, мындан тышкары: эркектин жыныс клеткаларында аялдын генетикалык маалыматы менен бириккенде балага берилүүчү генетикалык үлгүнү түзүүчү маалымат сакталып турат.
Башкача айтканда, ДНК
Абдан жакшы жазылган, ошол эле убакта көп кездешүүчү китептер бар. Алардын жардамы менен балдарга Кудайдын кылдат Жаратуучу экендигин жеткирүүгө болот. Уильям Дембски жана Шон Макдауэллдин «Акылман көздөмдү түшүнүү» деп аталган чыгармасы — ушундай китептердин бири болуп саналат. Албетте, менин уулум бул китептин экинчи автору. Сырымды жашырбайын, мен аны менен сыймыктанам! (Бул ресурс жөнүндө китептин аягында жазылган.)
Албетте, Кудай Ыйса аркылуу адам болуп келип, ошондой эле Өзү жараткан нерселер аркылуу Өзүн бизге ачып берген, бирок муну менен гана чектелип калган эмес. Анын катышуусу биздин абийирибиздин адеп-ахлактуу экендигинен (Рим. 2:14–15 караңыз), Ыйык Жазуудан (2 Тим. 3:16–17 караңыз), Жыйындан (Эф. 1:23 караңыз), тарыхтан (1 Шем. 17:46–47 караңыз) жана биздин ичибизде жашап жаткан Ыйык Рухтан (Рим. 8:9–11 караңыз) көрүнүп турат. Кудай денелик жана физикалык жактан бизден алда канча ашып түшөт, бирок Анын чын жана бизге жакын экендигинин талашсыз далилдерин билебиз.
БАЛДАРЫҢЫЗДЫ КУДАЙДЫ УРМАТТООГО ҮЙРӨТҮҢҮЗ
Кудай жөнүндө канчалык көп чындыктарды билсек дагы, Ал бизди таң калтыра берет. Ата-эне балдарын Кудайды урматтоого үйрөткөндө, балдар Аны Баарынан Жогору Турган Кудай катары тааный алышат. Бул аркылуу балдар «Кудайдан коркконго көнүшөт»[14].
Сулайман падыша мындай деген: «Акылмандыктын башталышы — Теңирден коркуу, Ыйык Кудайды таанып билүү — акыл» (Нак. сөз. 9:10). Балдарды Кудайга урматтоо менен мамиле кылууга үйрөтүңүз. Биздин жыландан, катуу шамалдан же террордон коркуп, үрөйүбүз учкандагы сыяктуу сезим жөнүндө айтып жаткан жокмун. Биз Кудайдан мындай коркууга тийиш эмеспиз. Жок, Кудай ушунчалык ыйык, ошондуктан биз Ага суктанып, Анын алдында тизе бүгө баш ийип, Анын Ким экендигин, дүйнөдөгү бардык нерселер Анын бийлигинде экендигин баамдап түшүнүшүбүз керек.
Кудайдын улуулугун сезүүгө жардам берүүчү урматтоо сезими жакшы жемиштерге алып келет. Теңир Жеремия пайгамбарга Ысрайыл уулдары эмне үчүн Ага урматтоо менен баш ийүүгө тийиш экендигин мындайча ачып берген: «…Алар менден четтебеши үчүн, алардын жүрөгүнө Менден коркуу сезимин салам» (Жер. 32:40). Сиз балдардын жүрөгүнө Кудайдан коркуу сезимин орнотсоңуз, ал балдарды коркунучтуу азгыруулардан сактайт, Теңирге ишенимдүү боюнча калууга жардам берет. Балдарыбызга Кудайдын аз дегенде үч сапаты жөнүндө айтып беришибиз керек. Булардын ар бири бизди Кудайга карата чексиз сый-урматты, табигый коркунучту сезүүгө мажбур кылат, Ага болгон тартылуубуз ансайын күч алат.
• Анын улуулугунан кабар берген
• Адам күнөөкөр болгондуктан, Кудайдын
• Анын
Анда эмесе, Кудайдын ушул үч сапаты жөнүндө ой жүгүртөлү да, булар жөнүндө балдарга кантип айтууга болорун талкуулайлы.
КУДАЙДЫН ЧЕКСИЗДИГИНИН АЛДЫНДА АНЫ УРМАТТАП ЖАШОО
Кудайдын бар болуп турушу түбөлүк, Анын башталышы да, аягы да жок — Кудай түбөлүктүү. «Чын эле, сен билбейсиңби? Чын эле, сен бүт жер жүзүн жараткан түбөлүктүү Кудай-Теңир чарчабас жана алсырабас экенин уккан жок белең?…» (Ыш. 40:28). Кудай убакытты жаратып, Өзүн анын бөлүгү кылып койгон, бирок Өзү убакыттан тышкары, башкача айтканда, түбөлүк жашайт. Эч качан Кудай жок убакыт болгон эмес жана эч качан Кудай жок болуп калган убакыт келбейт. Кудайдын түбөлүктүүлүгү бизди сүрдөтпөй койбойт.
Чындыгын айтканда, биз түбөлүктүүлүктү толугу менен түшүнө албайбыз. Башталышы да, аягы да жок нерсени баамдап түшүнүүгө жөндөмүбүз жетпейт. Ошондой болсо дагы, бардык нерселер кандай гана болбосун аягына жетип, бүтөрүн билебиз. Сынган оюнчук, эскилиги жеткен автомобиль, карый баштаган дене, атүгүл өлүмдүн өзү — жогорудагы айтылгандарга мисал боло алышат. Биз жашап турган бузулууга даяр дүйнөдө булар кадыресе көрүнүштөр. Реалдуулук ушундай, мында кубана турган эч нерсе жок. Бирок, Кудай түбөлүктүү. Ал биздин убактылуу, жок болуучу дүйнөбүздөн чыгуунун жолу. Ал бизге түбөлүк жашоону — талкалануудан, бузулуудан жана өлүмдөн эркин жашоону берүүгө келди!
Автомобилди айдап баратканыңызда, балдарыңызга «суроо — жооп» оюнун сунуш кылып көрүңүз. Алардан: «________канча убакыттан бери бар?» — деп сурап, сиздин автомобилиңиздин, пальтоңуздун же жашап жаткан үйүңүздүн дагы канча убакытка чейин пайдаланууга жарамдуу болоору; канаттуунун, пилдин, дарактын же аарынын канча жыл жашай тургандыгы жөнүндө чогуу ой жүгүртүңүз. Бул оюндун идеясын түшүндүңүз деп ойлойм: жандуу жана жансыз нерселердин жер бетинде канча убакыт бар боло тургандыгын таап айтуу. Андан кийин балдардан: «Кудай канча убакыт жашайт?» — деп сураңыз. Алардын көңүлүн Кудайдын түбөлүктүү экендигине буруңуз.
Жашоосунун башталышы да, аягы да жок инсандын бар экендиги жөнүндө таң калыштуу идеяны талкуулаңыз. «Кудай жараткан асмандагы жылдыздар эмне себептен өчпөйт», — деп сураңыз. Эмне үчүн Анын дарыяларында суу түгөнбөйт? Ал Өз элине кийгизген кийим эмне үчүн жыртылган эмес?” Кудайдын эмне себептен бизге түбөлүк өмүр бергиси келгендигин балдарга түшүндүрүңүз. Ал биздин түбөлүк жашоодо Аны менен бирге болушубузду каалайт. Балдарыңыздын бирөөнөн Ыйсанын бул сөздөрүн окуп беришин сураныңыз: «…Мен тирилүүмүн жана өмүрмүн. Мага ишенген адам өлсө да, тирилет. Мага ишенип жашаган адам өлбөйт» (Жкн. 11:25–26). Түбөлүк бар болуп туруучу Кудайга урматтоо менен мамиле кыларыңызды айтыңыз. Анын сизге жана жакындарыңызга талкалануу, бузулуу, өлүм жок жерде түбөлүк өмүр сүрүүнү сунуш кылып жаткандыгын ойлогонуңузда, жүрөгүңүздүн ыраазычылыкка толуп тургандыгы жөнүндө ой бөлүшүңүз.
Ыйык Китепте Баарынын ээси болгон Кудай
…Мен Кудаймын, Менден башка Кудай жок, Мага окшош эч ким жок. Аягында эмне болорун Мен башынан алдын ала кабарлап келе жатам, али боло элек нерселерди Мен байыркы замандан бери айтып келе жатам: Менин максатым ишке ашат, Мен эмнени кааласам, ошону жасайм.
Биз энергиянын булактары чектелген дүйнөдө жашап жатабыз. Акыры, көмүрдүн, мунайзаттын, газдын жана бардык казып алынуучу отундун түрлөрүн түгөтөбүз. Ошондой эле, адамдын бийлигинин жана мүмкүнчүлүктөрүнүн чеги бар. Түбөлүк энергия жана түбөлүк бийлик жөнүндө идеяны түшүнүү биз үчүн кыйынга турат. Бирок Кудайдын айырмачылыгы — Анын чексиз бийликке, энергияга жана күчкө ээ экендигинде. Ал үчүн мүмкүн болбогон эч нерсе жок. Физикалык чектөөлөрдүн ичинде жашаган биз ушундай күчтүн булагына абдан муктажбыз.
Баланын кызыгуусун пайда кыла турган мындай суроолор бар: «Адам күчү калбай, жыгылып калганга чейин канча чакырым чуркайт?», «Адам суу ичпей, канча убакыт чыдай алат?», «Адам узак убакыт тамак ичпей кое алабы?», «Адам узак убакыт уктабай кое алабы?»
Андан кийин Кудай жөнүндө ушул эле суроолорду бериңиз. «Кудай чарчайбы?», «Ал тамакка, сууга жана уйкуга муктажбы?», «Аны ким жеңе алат?», «Ал каалаганынын баарын жасай алабы?» Балдардын бирөө жогоруда айтылган үзүндүнү окуп берсин: «Теңирибиз улуу, Анын күчү зор, акылы чексиз» (Заб. 146:5). Жеремия пайгамбардын айткан сөзүн окугула: «Сен асман менен жерди сунулган колуң, күчтүү билегиң менен жараткансың. Сен үчүн кыйын эч нерсе жок» (Жер. 32:17).
Биздин Кудайыбыз жана Досубуз ушундай — Ал үчүн мүмкүн болбогон эч нерсе жок! Балдардан «Кудай бизге жардам бергиси келеби?»- деп сураңыз. Алардын бирөө 144-Забурдан үзүндүнү окуп берсин:
Сенин падышачылыгың — түбөлүк падышачылык, Сенин бийлигиң муундан муунга.Теңир жыгылып бараткандарды сүйөйт, кулагандардын баарын тургузат.Бардыгы Сени карап, күтүп турушат; Сен аларга тамакты өз маалында бересиң.
Балдарга кудуреттүү Кудайга кандай урматтоо менен мамиле кыла турганыңыз жөнүндө айтып бериңиз. Анын чексиз мүмкүнчүлүктөрүнө таң калып гана тим болгон жоксуз. Кудай муктаждыгыңызды билип, Өз күчүн сиз менен бөлүшүүнү каалай тургандыгына ыраазы болуп суктана тургандыгыңызды түшүнүшсүн. Кудай сизди мурдагыдан дагы чыдамдуу, боорукер, мээримдүү, жакшы көрүүчү адам кылып өзгөрткүсү келгендигин, Анын бул каалоосунун аткарылышына моюн суна турганыңызды балдарыңызга жеткириңиз. Кудайдын кудуреттүүлүгү үчүн Ага ыраазы экендигиңизди алар билишсин.
Кудай үчүн эч кандай чектөөлөр жок, ошондуктан, биз Ал
Адегенде Кудайдын бардык жерде боло тургандыгы бир аз коркунучту пайда кылат, анткени Ал биздин качан эмне кылып жатканыбызды көрүп турат. Бул Андан жакшы жана жаман иштерибизди жашыра албай турганыбызды билдирет. Бирок бул кырдаалдын артыкчылыгы дагы бар: биз эч качан жалгыз калбайбыз. Биз кайсы жерде, кандай окуянын ичинде жүргөнүбүздөн, кандай иш кылып жатканыбздан көз карандысыздыкта, Кудай ар дайым биздин жаныбызда. Бул бизди сүрдөтпөй койбойт.
Балдарыңызга айтып бере турган аңгеме менен суроолорго көңүлүңүздү бургум келет. Эмгек өргүүңүздү өзүңүз абдан жаккан жерде өткөрүп жатасыз, дейли. Үйдө калган абдан жакшы досуңуз СМС аркылуу сиздин тез арада келип, жардам беришиңизди сурап жатат. Демек, сиз дароо үйгө кайтып келүүгө тийишсиз. Бирок эс алуу күндөрүңүздү токтоткуңуз келбейт… бул жерде эс алуу абдан сонун… Кандай кылмаксыз?
Бир аз талкуулагандан кийин балдарга мындай суроо бериңиз: «Силер кереметтүү күчкө ээсиңер дейли. Эс алууңарды үзгүлтүккө учуратпай, ошол эле убакта досуңарга жардамга келиш үчүн ал кереметтүү күчтү кантип колдонмоксуңар?»
Бул маселенин бир гана жообу бар: бир убакта бардык жерде бар болуп туруу жөндөмү Кудайда гана бар. Балдардын бирөөнөн Жеремия 23:23–24 окуп чыгышын сураныңыз. Андан кийин: «Кудайдын бардык жерде болуп турушу бизге кандай жардам берет?» Балдарга ар бир адам Кудайга өзгөчө муктаж болгон убакта, Ага таяна ала тургандыгын түшүндүрүңүз. Кудай убакыт менен жана мейкиндик менен чектелген эмес. Ошондуктан Ыйса бизге мындай убадасын берген: «…Бул дүйнөнүн акырына чейин, бардык убакта Мен силер менен болом» (Мт. 28:20). Кудай бардык жерде, бул биз эч качан жалгыз эмеспиз дегенди билдирет. Бул бизди сүрдөтпөй койбойт!
Кудайдын билими чексиз. Ага өткөн чак, азыркы учур жана келечек белгилүү, ошондуктан биз Аны
…Мен Кудаймын, Менден башка Кудай жок, Мага окшош эч ким жок. Аягында эмне болорун Мен башынан алдын ала кабарлап келе жатам, али боло элек нерселерди Мен байыркы замандан бери айтып келе жатам: «Менин максатым ишке ашат, Мен эмнени кааласам, ошону жасайм».
Адамзаттын тарыхындагы бардык билимдерди бириктирсек, Кудайдын билиминин чексиз көлөмүнүн бир чекитине да туура келбейт. Бирок Анын баарын билгендиги бизге кандай жардам берет?
Мисалы, азыр биздин иштерибиз жакшы жүрүп жатат деп коелу. Бирок бул эртең да ушундай эле баары жакшы болот дегенди түшүндүрбөйт. Белгисиздик бизди тынчсызданууга мажбурлайт. Алдыда бизди эмне күтүп турганын биле албайбыз, бирок келечегибиздин кимден көз каранды экендигин билсек болот. Биз жана үй-бүлөбүз эртең эмне күтүп турганын билген жана: «Менин максатым ишке ашат», — деп айткан Кудайга жашообузду тапшыра алабыз. Баарын билүүчү Кудай — биздин коопсуздугубуздун кепилдиги.
Балдарыңызга: «Орфографиялык ката кетирген учуруң болду беле?», «Адаштың беле?», «Адамзаттын чогулткан билимдеринин канчасы сага белгилүү?» — деген суроолорду бериңиз. Алардын бирөөнөн Ыш. 46:9–10 жана Заб. 138:2 аяттарын окуп берүүнү сураныңыз. Алар Кудайга чындыгында канча маалымат белгилүү экендиги жөнүндө ойлонушсун. Ал өткөн чакты, азыркы учурду жана келечекти билеби? Кудайдын бардыгын биле тургандыгын түшүнгөнүбүздөн кийин, Анын колуна азыркы жашообузду жана келечегибизди тапшыра алабызбы?
Биз бардыгын билген Кудайга, келечегибизди аныктаган, бизге Асмандан орун даярдайм деп убада кылган Инсанга толугу менен ишенсек болот.
Кудайдын табияты бизде ишеним жаратат. Ал өзгөрбөйт, ошондуктан биз Аны
Жакынкы убактарда мен Түштүк Африкада болуп, биргелешкен мусулмандар менен машайакчылардын биргелешкен теологиялык конференциясына катыштым. Бир докладдан кийин мен угуучулардын көңүлүн Кудайдын мүнөзүнүн ырааттуулугуна жана өзгөрбөстүгүнө бурдум. Мен Кудайдын таасири эч качан Анын адилдигине каршы келбестигин жана Анын
Мен чыгып сүйлөгөндөн кийин мусулман жигит жаныма келди.
— Сиздин Кудай жөнүндөгү түшүнүгүңүз, — деди ал, — менин Аллах жөнүндөгү билгенимден айырмаланат экен. Биздин Аллах кудуреттүү. Аллахтын бийлиги Анын оюна эмне келсе, ошону кылууга мүмкүндүк берет.
— Аллах алдоого же калп айтууга барабы?
— Албетте, барат, — деди жаш мусулман. Аллах бардыгын кыла алат. Силердин Кудайыңардан айырмаланып, Аллах эч нерсе менен чектелген эмес. Жакшы көргүсү келсе, жакшы көрөт. Жек көргүсү келсе, жек көрөт. Аллах кудуреттүү.
— Жалаң жакшы иштерди жасап жатсаңар дагы, Аллах силерди жазалай алабы? — деп сурадым мен.
— Эгерде менин иштерим Аллахка жакпай калса, ал мени жазалайт.
— Демек, силер тигил же бул учурда Аллахтын кандай мамиле кыларын билбейт экенсиңер да, ушундайбы?
Мусулман жигит бир азга ойлоно калды.
— Жок, — деди ал акыры. — Анын кандай кыларын мен ар дайым эле биле бербейм… — Ал бир аз мукактана түшүп, дароо мындай деп кошумчалады: — Бирок Аллахтын кудуреттүү экенин билем.
Мен баш ийкеп мындай дедим:
— Көрдүңүзбү, мен эгерде Аллахка кызмат кылсам, андан коркконумдан кызмат кылмакмын. Ал өз оюна келгендей адилеттүү же адилетсиз мамиле кыла алса, анда мени өзүмчүл каалоолоруна таянып жазалай алат. Макул болсоңуз, бул кызмат кылууга шыктандырбайт. Анткени кайсы ишим анын ачуусун келтирери жөнүндө түшүнүгүм да болмок эмес. — Мусулман жигит мени кунт коюп угуп турду, мен болсо андан ары уланттым: — Мен болсо, Кудайды жакшы көргөндүгүмдөн Ага кызмат кылам. Анын ыйыктыгы, жеткилеңдиги жана кудуреттүүлүгү мени суктандырат, Анын алдында баш ийип, сүрдөйм. Бирок Анын ырайымдуулугун, сүйүүгө толгон табиятынын туруктуулугун билем, ошондуктан Ага сүйүү менен кызмат кылам. Аны эмне ачуулантарын, эмне кубандырарын ар дайым билем, анткени Ал өзгөрбөс.
Ушул сүйлөшүүлөрдөн кийин мен кызмат кылган Кудайдын алдында мурдагыдан дагы күчтүү урматтоо менен сыйлоону сездим.
Биз ар дайым Анын бизди сүйгөндүгүнө таяна алабыз, анткени Анын туруктуу табияты сүйүү менен мүнөздөлөт. Биздин балдарыбыз коопсуздукка ар дайым муктаж. Абдан ишенимдүү инсанга толугу менен таяна алсаңыз — бул чыныгы коопсуздук эмеспи? Балдарыңызга бүткүл дүйнөдө Кудайдан артык ишенимдүү эч ким жок экендиги, Анын адилеттиги өзгөргүс жана Ага таянууга боло тургандыгы жөнүндө айтып бериңиз. «…Ал ишенимдүү бойдон кала берет, анткени Ал Өзүнө Өзү каршы чыга албайт» (2 Тим. 2:13).
Балдарыңызга мындай суроолорду бериңиз: «Эмне үчүн ар дайым күн ачык болоруна ишене албайбыз?», «Эмне үчүн биз эч качан оорубай турганыбызга ишене албайбыз?», «Досторубуз бизди эч качан сатпайт деп ишене албайбыз?», «Сен ар дайым ишеним менен таяна турган адам, же кандайдыр бир нерсе барбы?» Балдардын бирөө Сан. 23:19 аятын окусун.
Мындан кийин балдардан мындай деп сураңыз: «Эмне себептен Кудайга бардык учурда таянып, Анын бизге адилеттүү мамиле кыларына ишене алабыз?», «Кудайдын адилетсиз иш кылууга жөндөмү жок экендигин билгенде, кандай сезимде болосуң?» Балдарга Кудайдын сүйүүгө толгон табиятынын чексиз туруктуулугу сизди канчалык сүрдөтө тургандыгы жөнүндө айтып бериңиз. Бул Анын таң калыштуу сапаттарынын ичинен бири гана экендигин түшүндүрүңүз!
КУДАЙДЫН ЫЙЫКТЫГЫНЫН АЛДЫНДА АНЫ УРМАТТАП ЖАШОО
Эч кимибиз Кудайдын чексиздигин толугу менен түшүнө албайбыз, бирок Анын түбөлүктүүлүгүн, кудуреттүүлүгүн, бардык жерде болуп, бардыгын биле тургандыгын жана өзгөрбөстүгүн билебиз. Кудайдан айырмаланып, адам чектелүү, ошондой болсо да, биз Кудайдын бейнеси менен жаратылганбыз. Кудайдын табиятынын чексиздигин айгинелеген сапаттары көп, бирок Анын өзгөрбөстүгүнүн бизге түздөн түз тиешеси бар.
Биз Кудайга таяна алабыз, анткени Ал Өзүнүн табияты боюнча ыйык, адил жана жеткилең. Ыйык Китепте мындай жазылган: «Ал таяныч, Анын иштери жеткилең, Анын жолдору — чындык. Кудай ишенимдүү, Анда адилетсиздик жок. Ал — акыйкат, Ал — чындык» (Мыйз. 32:4).
Ыйык Жазуу бизге Кудайдын ыйыктыгын (Ыш. 54:5, Аян 4:8 караңыз), чынчылдыгын (Аян 16:5 караңыз), адилеттигин (Заб. 118:137 караңыз) ачып көрсөтөт. Бирок бул саналып өткөн сапаттардын бири дагы Анын
Бул чындык ушунчалык маанилүү, ошондуктан биз, аталар, аны балдарга жеткирүүгө тийишпиз. Ар бир бала Ыйык Кудайдын чексиз кең пейилдүү экендигин түшүнүшү керек. Жер жүзүндөгү бардык чыныгы, маанилүү, жеткилең, сонун, түбөлүк ыраазычылыкка, кубанычка жана бакытка толгон нерселердин бардыгы Кудайдан башталып, Анын эрки менен болуп турат. Кудайдын табияты — кең пейилдик. «Теңир кең пейил, адилет, ошондуктан Ал күнөөкөрлөрдү түз жолго салат» (Заб. 24:8). Ал «Ыйык, Чыныгы» (Аян 3:7), «Себайот Теңир Ыйык, Ыйык, Ыйык!…» (Ыш. 6:3), «Теңир Өзүнүн бардык жолдорунда адилет, Өзүнүн бардык ишинде ишенимдүү» (Заб. 144:17). «Теңир адилеттүү, Ал менин тирегим, Анда калп жок» (Заб. 91:15).
Балдардан алар үчүн бул жашоодо баарынан эмне сонун экенин сураңыз. Бул жөнүндө айтып берүүсүн сураныңыз, же болбосо мындай тапшырма бериңиз: «Каникулду кандай өткөргөнүң жөнүндө жазып бер», «Жашооңдогу эң бактылуу мезгил жөнүндө айтып бер», «Жакшы көргөн тамагың кайсы?», «Көзүңдүн жоосун алган эң сонун көрүнүштү эстечи», «Жүрөгүңө кандай окуядан улам болуп көрбөгөндөй тынчтык келген эле?» Балдарга мындай суроолорду дагы берсеңиз болот: «Сен эмне менен абдан сыймыктанасың?», «Спорттук мелдеште жеңишке ээ болгондо же өзгөчө ийгиликке жеткенде, кандай сезимде болгонсуң?» Мындай суроолорго жооп берип жатып, балдар кубанычтуу, ыраазычылыктуу, жүрөгү тынч, сулуулукка, ак ниеттүүлүккө, мээримдүүлүккө суктанган ирмемдерди кайрадан баштарынан өткөрүшөт.
Андан кийин балдар өздөрүнүн жашоосундагы мындай сонун сезимдер кайдан пайда болгону тууралуу ой жүгүртүшүн сураныңыз. Алардын бирөө Жкп. 1:17 аятын окуп берсин, анда бардык жакшы жана жеткилең нерселер Кудайдан келери жөнүндө жазылган. Балдарыңызга Кудайдын жакшы иштери жана белектери — Анын ыйыктыгынын жана чексиз ырайымдуулугунун натыйжасы экендигин түшүндүрүңүз. Улуу Кудайдын табияты — жеткилең ыйыктык жана ырайымдуулук!
Балдарга Кудай алардан эч качан жаман иштерди жасоону суранбай тургандыгын улам-улам кайталап айтыңыз. Өзүнүн ыйыктыгы жеткилең болгондуктан, алардын ийгиликке жетишүүсүнө кам көрүп, аларды зыяндуу нерселерден коргоого умтуларын түшүндүрүңүз. Чексиз ырайымдуу Кудай аларга берешендик менен баталарын берип жатат, анткени балдардын коопсуздугу, бактысы жана бакубаттуулугу Ал үчүн дүйнөдөгү бардык нерселерден маанилүү. Балдар Кудайдын табияты
Кудай улуу! Ал Өзүнүн чексиз ырайымдуулугун бардык иштеринде көрсөтөт. Ал — биздин кадырлап мамиле кылышыбызга татыктуу Кудай. Кудайдын түгөнбөс мээриминин себеби — Анын ыйыктыгында. Бирок Анын жүрөгү адамга бурулгандыктан, Ал бизди чексиз сүйгөн Асмандагы Атабыз болуп турат.
КУДАЙДЫН СҮЙҮҮСҮНҮН АЛДЫНДА АНЫ УРМАТТАП ЖАШОО
Кудуреттүү Кудай: «…болсун», — деп айтканда бул дүйнө белгилүү көрүнүшкө ээ болду (Башт. 1:3 караңыз). Кудай Өзү чексиз мээримдин булагы болгондуктан, Ал жараткан нерселердин бардыгы жакшы. Жаратуунун ар бир күнүнүн аягында: «Кудай мунун жакшы экенин көрдү», (Башт. 1:10) — деп айтылат. Бирок Кудай биз жашап жаткан дүйнөнү жалгыз жараткан эмес. Жаратууда Кудайдын үч инсандыгы катышкан, анткени Ал Үч Бирдиктүү Кудай.
«…Кудайдын Руху суунун үстүндө калкып учуп жүрчү» (Башт. 1:2). Жерге Ыйса болуп келген Кудай Уул дагы жаратуу процессине катышкан. «Ал — көрүнбөс Кудайдын бейнеси, эч нерсе жаратыла электе эле Ал бар болгон. Анткени асмандагы жана жердеги көрүнгөн жана көрүнбөгөн бардык нерселер: тактылар да, үстөмдүк кылуучулар да, башкаруучулар да, бийликтегилер да Ал аркылуу жаратылган, бардык нерсе Ал аркылуу жана Ал үчүн жаратылган» (Кол. 1:15–16). Кудайдын үч бирдиктүүлүгү Анын табиятынын сүйүү экендигин далилдейт. Жер адамдарга толо элегинде, аалам жана убакыт бизге белгилүү болгон түрдө пайда болгонго чейин, Кудай бири бирин жакшы көргөн үч Инсандын биримдиги катары түбөлүктүүлүктө болуп турган.
Адамды жаратып жаткан учурда Кудай жакын мамилеге муктаж эмес эле — Ал башынан рухий биримдик катары мүнөздөлгөн. Кудай бизди Аны Асмандагы Атабыз катары жакшы көрүшүбүз үчүн өзүнүн балдары кылып жараткан. Мен Кудайды — эрежелерди таңуулаган өкүм ата, бошоң ата, же көңүлкош ата, — деп атоого болбой тургандыгын буга чейин айткам. Чындыгында, Кудай биздин ырайымга толгон жашообуз жана Аны менен болгон жакын мамилебиз менен ыракаттанып өмүр сүрүшүбүздү каалайт. Ал — жакшы көргөн Атанын мыкты үлгүсү.
Кудайдын жүрөгүндөгү сүйүүсүн Дөөт падыша мындай сөздөр менен сүрөттөп жазган:
Теңир кайрымдуу жана ырайымдуу, чыдамдуу жана абдан боорукер.
…Сен түбөлүккө ишенимдүүсүң. (…) Сенин боорукердигиң чексиз, Теңирим…
…кор болгондорго адилеттик кылган, ачкаларга нан берген Кудай-Теңир. Теңир туткундарды бошотот.Теңир сокурлардын көзүн ачат, кулагандарды тургузат; Теңир адил адамдарды сүйөт.Теңир келгиндерди сактайт, жетим менен жесирге жардам берет, ал эми кудайсыздардын жолун бузат.
Ал жүрөгү жаралангандарды айыктырат, аларды кайгысынан арылтат.
Кудай боорукер, ырайымдуу, өзгөргүс, адилеттүү жана сүйүүчү. Анын таза жүрөгү Ал сүйүп, кам көргөндөрдү коргойт. Анын сүйүүсү берешен жана күмөн санабайт, Өз кызыкчылыгын көздөбөйт жана Өзүн курмандыкка берет, өзгөрбөс жана ишенимдүү, туура жана түбөлүк.
Эгерде сиз балдарыңызды Кудайдын сүйүүсү менен сүйсөңүз, анда алардын коопсуздугу, бактысы жана бакубаттуулугу жөнүндө өзүңүздүн коопсуздугуңуз, бактыңыз жана бакубаттуулугуңуз жөнүндөгүдөй кам көрөсүз. Атанын дал ушундай сүйүүсү балдарга Кудайдын жүрөгүн ачып көрсөтөт. Ыйык Китепте айтат, Кудайдын сүйүүсү менен сүйгөндү үйрөнгөнүбүздөн кийин: «Биз… Теңирдин даңкын чагылдырып турабыз. Биз Ага окшошкон сайын, бир даңктан бир даңкка өтүп, өзгөрүлүп жатабыз. Бул Теңирдин Руху аркылуу болуп жатат» (2 Кор. 3:18).
Мындай образды элестете алдыңарбы? Сиз балдарыңызга эрежелерди берип, насаат айтып жатып, сүйүү менен гана жетектелген жакшы көрүүчү ата болууга тийишсиз. Эмне үчүн? Анткени бул эрежелер менен насааттардын бардыгы балдарыңыз үчүн коопсуздукту жана бакубаттуулукту камсыз кылууга багытталган. Мындай мамиле Кудайдын жүрөгүнө мүнөздүү. Ал бизге дал ушундай мамиле кылат. Балдар жөнүндө кам көргөнүңүздө, «…аларды Теңирдин үйрөтүүсү жана акыл-насааты менен тарбиялаңыз» (Эф. 6:4). Анткени бул аркылуу сиз Теңирге окшошосуз жана балдарыңыз үчүн Асмандагы Атабыздын сүйүүгө толгон жүрөгүн чагылдыруучу күзгү болуп каласыз. Ушундай жол менен гана балдарга «Биз менен мамиледе болууну абдан эңсеген Кудайды» (Чыг. 34:14, NLT) көрсөтө алабыз.
Балага төмөндөгү чындыктарды көбүрөөк кайталап айтыңыз:
…Теңир сенден, болгону, Кудай-Теңириңден коркушуңду, Анын жолдору менен жүрүшүңдү, Аны сүйүшүңдү, Ага чын жүрөгүң менен, жан-дилиң менен кызмат кылышыңды, өзүңө
Балдарыңыз Кудай жараткан нерселердин бардыгы Анын ыйык ырайымдуулугунан келип чыгып, Анын сүйүүгө толгон жүрөгү аркылуу ишке ашарын билишсин. Балдарыңызга кайталап айткандан чарчабаңыз: Кудай Өзүнүн бардык иштерин бизди сүйгөндүктөн жана биздин бакубаттуулугубуз үчүн жасайт!
Кудайдын чексиздигин түшүнүү же түшүндүрүү мүмкүн эмес. Анын ыйык ырайымдуулугун толугу менен билүүгө жөндөмүбүз жетпейт. Ошондой болсо да Кудай бизди сүйүүгө жөндөмдүү инсандар кылып жараткан, демек биз Аны менен сүйүү байланышында боло алабыз. Кудайдын жүрөгүнүн чексиздигин түшүнө албасак дагы, биз Ага тартылып турабыз жана Аны менен жакын мамиледе боло алабыз. Биз Кудайды сүйүү жана жакындарыбызды өзүбүздү сүйгөндөй сүйүү үчүн жаралганбыз.
Биринчи никелүү түгөйдүн Кудайдын ыйык ырайымдуулугунан жана Анын сүйүүгө толгон жүрөгүнөн күмөн санагандыгы кайгылуу окуя болду. Азгырууга туш болгон Обо Кудайдын аларга: «Эдем багынын ортосундагы дарактын жемишинен жебегиле», — деп тыюу салуу менен, анын кызыкчылыгын көздөп, ага жакшы болушу жөнүндө кам көргөнүнө ишенген жок. Адам менен Обо аларга жакшылык каалаган Кудай менен мамилесин үзүп, Ага акаарат келтиришти. Адам өзүнүн Жаратуучусуна каршы чыкты, күнөө кылды, ошондо Кудай «Өз ичинен өтө кайгырды» (Быт. 6:6).
Кудай Өз табияты боюнча ыйык экендигин унутпайлы. Ал үчүн күнөөнүн кандай гана түрү болбосун жийиркеничтүү. Ыйык Китепте мындай деп жазылган: «Сенин таза көздөрүң кыянат иштерди карап тура албайт, Сен мыйзамсыздыкты карап тура албайсың» (Хаб. 1:13). Башка котормодо бул ой мындайча жазылган: Кудай ушунчалык ыйык болгондуктан, «кичине күнөөгө да жол бере албайт» (Хаб. 1:13, NLT). Болбосо Кудай Өз табиятына каршы иш кылган болмок. Ал үчүн бир гана жол калган, — Өзүн күнөөкөр адамзаттан бөлүү. Бул аркылуу Кудай жараткан адамдар рухий жана денелик өлүмгө дуушар болушту.
Бирок Кудай адамдан жана күнөөдөн бөлүнсө дагы, адам жөнүндө биротоло унутуп койгон жок. Кудай Өзү жараткан, бирок күнөөгө баткан адамзатты кайра Өзүнө кайтарып алыш үчүн Өзүнүн сүйүүсүн көрсөттү. «…ырайымга бай Кудай бизге болгон улуу сүйүүсү менен кылмыштарыбыздын айынан өлгөн бизди да Машайак менен бирге тирилтти, — ырайымдын негизинде куткарылдыңар» (Эф. 2:4–5).
Бул кечиримдин баасы Кудай Уулу Ыйса Машайактын айкаш жыгачта кыйналып өлгөнү болду. Асмандагы Атабыз менен биздин ортобуздагы үзүлгөн мамилени кайра калыбына келтириш үчүн ыйык, күнөөсүз Кудай Уулу азап чегип, өлүүгө даяр болду. Кудайдын чексиз жеткилеңдиги Анын биз менен мамиледе болушуна жолтоо болду, бирок Анын сүйүүгө толгон жүрөгү бизди аталык кучагына алууга суусады. Ушул чындык жүрөгүбүзгө жарыгын тийгизгенде, биз Кудайдын ырайымынын, сүйүүсүнүн жана мээриминин алдында ыраазычылык менен тизе бүкпөй кое албайбыз.
Ушул улуу чындыкты балдарыбызга кантип жеткиребиз? Алар Теңирдин канчалык кереметтүү экенин көрө алышса, түбөлүккө Анын сүйүүсүнө баш ийип калышмак.
Узак жылдардан бери мен ата-энелерге алардын балдарын Машайакка алып келүүгө жардам берип келе жатам. Өз өмүрүмдү көбүнесе жаш адамдарга кызмат кылууга арнаганмын. Өз балдарымды Машайак менен мамилелешүүгө жеткирүүнү жашоомдун негизги максат кылып алганмын. Бирок иш жүзүндө ушул кереметтүү жана баланын жашоосун өзгөртө турган Кудай менен болгон жолугушууну кантип ишке ашырууга болот?
Көп учурда балдар Кудайга жыйындагы кызматтын убагында, машайакчы жаштардын тобунун чогулушунда, машайакчылардын лагеринде ишенип калышы мүмкүн. Башка учурларда балдар ата-энелери менен сыйынып жатканда Машайакты кабыл алышат. Мындан бир нече жыл илгери үй-бүлөлүк жашоодо ата-эненин балдарга Кудайдын сүйүүсүн көрсөтүшүнө мүмкүндүк берүүчү ыкманы иштеп чыккам. Бул ыкма бир үй-бүлөнүн ичинде же машайакчылардын чогулушунда кандайдыр бир окуяны айтып берүү түрүндө болот. Көп убакта үч же төрт үй-бүлө мен «Кун төлөп куткарып алуу салтанаты» деп атаган майрамды белгилөө үчүн чогулат. Бул майрам Эски Келишимдеги Пасах тамагын кабыл алуу менен байланышкан, Курмандык Козу болуп саналган Ыйсага тийиштүү өзүмдүн сайтымда «Кун төлөп куткарып алуу салтанатын» толугу менен сүрөттөп, кандайча өткөрүлө тургандыгы жөнүндө сунуштарды жазгам[15].
Ыйса Машайакты өзүнүн Теңири жана Куткаруучусу катары кабыл алууга баланы жеткирүү процесси — атанын жашоосундагы эң толкунданткан жана унутулгус тажрыйба болуп саналат. Бирок эсиңизде болсун, Кудайга ишенүү же ишенбөө жөнүндө акыркы чечимди бала өзү кабыл алууга тийиш. Сиз аны Машайакка алып келүүгө, ага Кудайдын ким экендигин түшүндүрүү жана Анын кимге окшош экендигин көрсөтүү үчүн колуңуздан келишинче аракет кылууга гана жоопкерчиликтүүсүз.
~7~
Бешинчи милдет
Баланы өзүмчүл болбоого үйрөтүүгө аракеттенүү
— Ата, Меган менин геймбоюмду[16] берсинчи.
— Меган, Ариге геймбойду бер.
— Ата, ал аны менен күнү бою ойноду. Эми менин ойной турган кезегим.
— Ари, азыр Мегандын кезеги.
— Ата, бул адилеттик эмес. Геймбой меники эмеспи!
— Ме, ала бер … геймбоюңду!
— Меган Кэтлин, биздин үйдө мындай сөздөр айтылбашы керек!
Баарыбызга тааныш диалог, туурабы? Балдарда тубаса берешендик жана өз кызыкчылыгын көздөбөстүк жок. Башкалар менен бөлүшүүгө туура келгенде, алардын өтө кубанбай тургандыгы таң калыштуу эмес. Бир тууганына же эжесине карата жек көрүү сезими кайнап, аларды геймбой, айфон же букридер менен уруп жибергенден кайра тартпайт. Ушундай кырдаалда балдарды өзүн өзү сүйүүгө үйрөтсөңүз, отту бензин менен өчүрүүгө аракеттенген болосуз. Бирок өз кызыкчылыгын көздөбөстүктүн жана берешендиктин негизинде дал ошол адамдын өзүнө туура сүйүү менен кылган мамилеси жатат.
АДАМДЫН ӨЗҮНӨ ТУУРА СҮЙҮҮ МЕНЕН МАМИЛЕ КЫЛУУСУ ӨЗҮМЧҮЛДҮК ЭМЕС
Бул эч бир иш ордунан жылгысы келбеген күндөрдүн бири эле. Сиз жумуштан буттарыңызды араң сүйрөп, ачка болуп, үйүңүзгө келдиңиз. Эшиктен кирериңиз менен өзүңүз жакшы көргөн тамактын жытын сездиңиз. Сыягы, аялыңыз жумуштан эртерээк келип, сизге сый тамак берип урмат көрсөтөйүн десе керек.
Ыракаттана сонун тамактан даам сызып отуруп, тарелкаңыз бошоп калганын байкадыңыз, аялыңыздан дагы салып берүүсүн өтүндүңүз. Суроо: ачка адамдын курсагын тойгузганы — өзүмчүлдүк болуп саналабы?
Кечки тамактан кийин душта суунун ысык агымдарынын алдында чайканып, ыңгайлуу пижамаңызды кийдиңиз. Эми — о, жыргалдын туу чокусуна жеттиңиз! — диванга жайланыштыңыз. Суроо: иш күнүнөн кийин эс алганыңыз өзүмчүлдүккө жатабы?
Уйкуңуз кангандан кийин, эртеси эрте менен ден соолукту чыңдоочу чуркоого багыт алдыңыз. Бет маңдайыңыздан чыккан автомобилдин айдоочусу жолду кесип чуркап бараткан итти тебелетип албайын деп, рулду кескин буруп жиберди, машина жолдон чыгып кетти да, сизге жакын, кооптуу аралыкта токтоп калды. Сиз ойлонбостон четке секирип кеттиңиз. Суроо: автомобилдин уруп кетишинен качууга аракеттенүү өзүмчүлдүктү көрсөтүп турабы?
Сиз ар дайым уйкуңузду кандырасыз, тамактанасыз, эс аласыз жана башка жолдор менен өз денеңизди коргойсуз. Мунун баарын өзүмчүлдүктүн белгилери катары кароого болобу? Же болбосо жөн гана өзүңүздү сүйүп, ден соолугуңуз жөнүндө кам көрүп жатасызбы?
Элчи Пабыл бизге, күйөөлөргө, аялдарыбызды өз денебизди сүйгөндөй сүйүүнү буюрган. «Ошол сыяктуу эле күйөөлөр да аялдарын өздөрүнүн денесин сүйгөндөй сүйүшү керек. Аялын сүйгөн адам өзүн сүйөт. Анткени эч ким эч качан өзүнүн денесин жек көрбөйт, тескерисинче, Машайак Жыйын үчүн кам көргөн сыяктуу, өз денесин азыктандырат, жылытат…» (Эф. 5:28–29). Бул аяттарда биз өзүбүз жөнүндө кам көрүп жатканыбызда муктаждыктарыбызды туура толтуруп, коркунучтардан өзүбүздү сакташыбыз керек экендиги жөнүндө айтылып жатат. Өздүк коопсуздук, бакубаттуулук жана жетиштүүлүк жөнүндө кам көрүү — өзүнө рационалдуу жана туура мамиле кылуу болуп саналат. Өзүбүз жөнүндө кам көргөнүбүз — бул өзүмчүлдүк эмес, болгону өзүбүздү сыйлап, Кудайдын бейнесине окшотуп жаратылган, баалуу жана татыктуу инсан катары баалап жатканыбызды билдирет. Элчи Пабыл иш жүзүндө, эгерде биз өзүбүздү сүйбөсөк, аялыбызды дагы сүйө албай турганыбыз жөнүндө айтып жатат.
Ыйса ар бирибиз Кудайды жан-дилибиз менен сүйүүгө тийиш экенибизди айткан, андан кийин «Өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды ошондой сүй» (Мт. 22:39) деген. Бул жерде дагы адамдын өзүнө болгон сүйүүсү жакынына карата сүйүүнүн милдеттүү шарты катары белгиленип жатканын көрүп турабыз. Албетте, Ыйса өзүмчүлдүктүн «нарциссизм» деп аталган түрү жөнүндө айтып жаткан жок. Ал биздин баалуулугубузду жана кадыр-баркка татыктуулугубузду билет. Ошондуктан Ал бизди адам жөнүндө кам көрүүгө, башкача айтканда Кудай жараткан адамды коргоого үндөп жатат. Ошондуктан биз башка адамдардын бизди кандайча сүйүшүн кааласак, өзүбүз дагы аларды ошондой эле сүйүүгө тийишпиз. Ошондуктан Ыйса мындай деп айткан: «…адамдардын силерге кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга ошондой мамиле кылгыла. Анткени, мыйзам да, пайгамбарлар да ушуну үйрөтөт» (Мт. 7:12). Менин айтаарым: биз өзүбүзгө карата табигый сүйүүнү өздөштүрмөйүнчө, башка адамдарды Кудай осуят кылып калтыргандай сүйө албайбыз. Башкача айтканда, биз өз кадыр-баркыбызды туура баалай билишибиз керек. Өзүбүздү сүйбөсөк жана баалабасак, айланабыздагы адамдарды дагы сүйүүгө жана баалоого үйрөнө албайбыз.
Бардык эле адамдар Ыйык Китепте жазылгандай, өзүнө сүйүү жана сыйлоо менен мамиле кылууга балдардын көңүлүн бурууга маани беришпестигин мойнума алам. Өзүмдүн насаат сөздөрүмдүн аягында кээ бир адамдардын каршы сөздөрүн угууга туура келет — алар мага «адамдын инсандыгынын маанисин өтө эле ашыра баалап» жаткандыгым жөнүндө айтышат. Менин каршылаштарым, өзүн өзү сыйлоо жана сүйүү сыяктуу түшүнүктөр биздин көңүлүбүздү Кудайга эмес, адамга буруп кетет деп эсептешет.
Ушундай доомат койгондорго мен көбүнесе мындайча жооп берем: «Адамга өзүмчүлдүк жана өз кызыкчылыгын көздөөчүлүк мүнөздүү экендигин танбайм. Бирок өзүнүн кадыр-баркка татыктуу экендигин сезүү — күнөө деп айтканыңарга макул эмесмин. Мындан тышкары, эгерде өзүбүздүн Кудай жараткан инсан катары кадыр-баркка татыктуулугубузду, баалуулугубузду туура кабыл алсак, бул бизди өзүмчүлдүктөн жана өз кызыкчылыгын көздөөчүлүктөн сактайт. Элчи Пабыл мындай деп айткан: “…ар бириңерге айтамын: өзүңөр жөнүндө керектүүдөн артык ойлобогула, тескерисинче, Кудай ар бириңерге бөлүп берген ишенимиңерге жараша туура ой жүгүрткүлө”» (Рим. 12:3).
Бул аятта элчи Пабыл өзүбүз жөнүндө керектүүдөн артык ойлобоого тийиш экендигибиз жөнүндө айтат. Өзүбүз жөнүндө —
Грек тилиндеги «ой жүгүрткүлө» деген сөз «[адам жөнүндө] белгиленген тартипте ой жүгүртүү» дегенди билдирет. Рим. 12:3 аятында бул сөз «пикирди, түшүнүктү же өзүн өзү баалоону түзүү» менен байланыштуу[17]. Пабыл бизди өз пикирибизди, түшүнүгүбүздү, же өзүбүздү баалоону Кудайдын көз карашына негизделген объективдүү анализге негизделип калыптандырууга чакырат. Ушундайча, Кудайдын адамзатка карата көз карашы менен макулдукта болуу өзүмчүлдүккө жатпайт, тескерисинче, Ыйык Китепке негизделген болуп саналат.
Өзүмчүлдүк — жеке кызыкчылыктарды канааттандырууга өзгөчө кам көрүү, ошол эле убакта башкалардын муктаждыктарына жарым-жартылай же толугу менен кайдыгер боюнча калуу. Өзүнө өзү сыйлоо менен туура мамиле кылуу ээ-жаа бербеген өзүмчүлдүккө каршы турууга шарт түзөт. Башка адамдарды өзүңдү сүйгөндөй сүй деген осуятты берип жатып, Ыйса өзүбүзгө башкалардан кандай сүйүүнү күтсөк, аларды дагы ошондой эле кам көрүү жана коргоо менен сүйүү керек экендигин түшүндүрдү.
Буга чейинки бөлүмдө жазылгандай, башкаларды өзүбүздү сүйгөндөй сүйүүгө жөндөмдүүлүгүбүз — Кудайдын сүйүүсүн өздөштүргөнүбүздү билдирет. Бул өзү жөнүндө гана эмес, башкалар жөнүндө да кам көргөн сүйүү (Флп. 2:4). Өзүн өзү туура сыйлоого негизделген сүйүүдө башка адамдын коопсуздугу, бактысы жана бакубаттууулугу менен өзүнүн жеке коопсуздугунун, бактысынын жана бакубаттуулугунун ортосунда айырма жок.
Баланы өзүнө өзүмчүл эмес сүйүү менен мамиле кылууга көндүргөнүңүздө, сиз иш жүзүндө аны өзүнүн кадыр-баркка татыктуу экендигин сезүүгө үйрөтөсүз. Аны өзүн баалуу, кадыр-барктуу, айланадагы адамдар жакшы көрүп, кандай болсо ошондой кабыл алган адам катары эсептешине жардам бересиз. Биз шартсыз кабыл алуунун маанилүүлүгү жөнүндө сөз кылганбыз, ансыз балдар өздөрүн коопсуз сезе албай тургандыгын талкуулаганбыз. Эгерде балдарыңыз сиздин шартсыз кабыл аларыңыздан күмөн санабаса, өздөрүнүн кадыр-баркка татыктуу экендигин сезүүгө үйрөнүшөт. Кызыңыз же уулуңуз сиздин аларды баалай тургандыгыңызды түшүнүшсө, өздөрүнө өзүмчүл эмес сүйүү менен мамиле кыла алышат. Натыйжада баланын сезимдери Ыйык Китепте жазылгандай — өзүн кандай сүйсө, жакындарын да ошондой сүйүүгө жөндөмдүү болуп калыптанат.
БАЛАНЫ КАНТИП ӨЗҮНҮН КАДЫР-БАРККА ТАТЫКТУУ ЭКЕНИН СЕЗҮҮГӨ ҮЙРӨТСӨ БОЛОТ
Көп жылдардан бери кызмат кылып келатып, өз кадыр-баркын сезе албай жабыркаган өспүрүмдөрдөн көптөгөн электрондук жана жөнөкөй каттарды алам. Бир кыз мага жазган катында мындай деп мойнуна алды: «Джош, мага салыштырганда алда канча мыкты жыйырма адамды билем». Бул кыз өзүнүн кадыр-баркка татыктуу экендигин билбейт деп ойлойм. Дагы бир жаш адам мындай деп жазган: «Мен жалгызмын, оңтойсузданып турам. Мындан ары жашоонун мааниси эмнеде экенин билбейм. Ар бир түнү ыйлап уктайм, кээде болсо жөн гана өлүп калгым келет». Булар сыяктуу эле көптөгөн жаштар
Адамдын чырайлуу жана жагымдуу сырткы көрүнүшү — заманбап коомдогу эң баалуу деп эсептелген жеке сапаттардын бири, балдар бул жөнүндө жакшы билишет. Алар ар дайым: «
Бардыгы бала кезде башталат. Тилекке каршы, балдар башкалардын сырткы көрүнүшү жөнүндө айтып жатканда, какшыкчыл жана катаал болушат. Балаңыздын курдаштары аны: «төрт көз», «чоң мурун» же «майтрест» деп аташкан жок беле? Мындай «тамашалуу» ат коюулар баланын өзүнө баа беришине терс таасирин тийгизбей койгон жок. Жашоосунун белгилүү бир учурунда балдар алардын тагдырын сырткы көрүнүштөрү жана айланадагылардын пикири аныктайт деп эсептешет. Бул жалган ойду жокко чыгарууга сизге жардам берүүчү кадамдар төмөндө келтирилди.
Ар бир балаңызга — анын кайталангыс сулуулугу жана барктуулугу менен айырмаланган кайталангыс инсан экендигин биротоло түшүнүшүнө жардам бериңиз. Ойлонуп көрүңүз: планетабызда жашап жаткан жети миилиард адамдын арасында сизге же балаңызга окшош бир дагы адам жок. Жер планетасынын жашоочуларынын эч кимисинин сырткы көрүнүшү сиздикиндей же балаңыздыкындай эмес. Эч ким өзүнүн сырткы көрүнүшү жана дене түзүлүшү менен мактана албайт, ал үчүн уялууга да болбойт. Балдарды Кудай аларды кандайча жаратканын баалоого үйрөтүңүз — алар денесин жана сырткы көрүнүшүн Анын берген белеги катары кабыл алышсын. Бирок алар өздөрү эмгек жумшабаган нерсе менен сыймыктанбоого тийиш — анткени эч ким сырткы көрүнүшүн тандап албайт.
Ошол эле убакта сырткы көрүнүшүбүздү жакшыртууга кылган аракетибиз үчүн өзүбүздү мактай алабыз. Балдардын сырткы көрүнүшүн жагымдуу кылыш үчүн кылган аракеттерин ар кандай жолдор менен колдосок болот, бирок адегенде, алар өздөрүнүн кайталангыстыгы жөнүндөгү кереметтүү чындыкты өздөштүрүштү бекен, ушуга ынаныңыз. Ар бир балаңыз өзүнүн бирден-бир жана уникалдуу экенин билүүгө тийиш. Бул аларга Кудайдын көз алдында өздөрүнүн баалуу жана кадырлуу экендигин сезүүгө жардам берет.
Көркөмдүү кышкы таңда кардын жеңил бүртүкчөлөрүнүн абада жай айланып жерге түшүп жатканын байкадыңыз беле? Сиздин жеңиңизге түшкөн кар бүртүкчөлөрүнүн түзүлүштөрүн микроскоп менен салыштырып карай турган болсоңуз, алардын ар бири кайталангыс экендигин көрмөксүз. Айрым кар бүртүкчөлөрүнүн чоңойтулган фото- же видеосүрөттөрүн жолуктургандырсыз. Булар — муздун эң майда кристаллдарынын айкалышкан түзмөктөрү, алардын кооздугу менен суктанбай кое албайсыз. Албетте, окумуштуулардын: эки бирдей кар бүртүкчөсүн жаратылышта кезиктирүүгө мүмкүн эмес деп айтканын уккандырсыз. Ар бири кайталангыс жана уникалдуу. Сиз, мен, балдарыбыз — ар бирибизди Кудай уникалдуу инсан кылып жараткан. Ар бирибизге жеке инсандык сапаттар берилгендиктен, уникалдуубуз. Ар бир баланын жүрөгүнө Кудай өзгөчө жөндөмдү берген — бул анын умтулуулары жана таланттары, ошондой эле аны баарынан айырмалантып турган кайталангыс сапаттары. Эгерде сиздин эки балаңыз бар болсо, балким алардын бир үй-бүлөгө таандык экендигин көрсөткөн окшоштугун көрүп тургандырсыз. Ошондой болсо дагы ар бир бала кайталангыс, анткени эки бирдей баланын болушу мүмкүн эмес. Ар бир бала эч кимде жок сапаттарга ээ, ошондуктан ар кимиси өзгөчө жана кайталангыс.
Ыйык Китепте ар бир баланын уникалдуу экендиги жөнүндө айтылган ойду Сулайман падышанын бизген абдан тааныш Накыл сөздөрүнөн көрө алабыз: «Баланы башынан түз жолго сал, ошондо ал ошол жолдон карыганда да чыкпайт» (Нак. сөз. 22:6).
Тилекке каршы, бул аятты көп учурда туура эмес түшүнүшөт, ошондуктан туура эмес колдонушат. Көп аталар бул аятты мындай кабыл алышат: «Үй-бүлөлүк сыйынууларды уюштургула, балаңыздын жыйынга, жыйындагы жаштар тобуна, жекшемби мектебине ар дайым барып турганына ынаныңыз, ошондо балаңыз чоңойгондо, машайакчылык баалуулуктарды бекем карманган адам болот». Бирок бул аятта өзгөчө маани «
Забурдун 10:2 жана 63:4 аяттарындагы «жолдун башталышы» деп которулган сөз эврей тилинде «жаа» (курал) деген маанини билдирет, бул жерде сөз жаанын ийилгени жөнүндө болуп жатат. Азыркы күндө жаалар өзгөчө тактык менен жасалат. Ошондуктан иш жүзүндө ар бир адам өзүнө 45 фунттук керилүү күчүнө ээ жаа куралын тандап алып, жебени бутага таамай тийгизе алат. Бирок Ыйык Китеп жазылып жаткан учурларда өнөр жай стандарттары болгон эмес — ар бир жаачы өз жаасын өзү жасап, анын кайталангыс өзгөчөлүктөрүн жакшы билүүгө мажбур болчу.
Ыйык Китеп ар бир балада кайталангыс өзгөчөлүк бар экендиги, аларды сиз көрүп, өнүктүрүүгө тийиш экендигиңиз жөнүндө айтат. «Райринин окуп үйрөнүү үчүн арналган Ыйык Китебиндеги» (Ryrie Study Bible) Заб. 22:6 аятына карата комментарийде мындай деп жазылган:
«Башынан түз жолго сал» деген сөз иш жүзүндө «баланын жолунун башталышында, башкача айтканда, анын өзгөчөлүктөрүнө жана кызыкчылыктарына жараша», — дегенди билдирет. Ата-эне балага насаат айтууда анын жөндөмдөрүн жана ага Кудайдан берилген өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле физикалык жана психикалык өнүгүү деңгээлин эске алуулары зарыл[18].
Элчи Пабыл биздин «Кудайдын бизге көрсөткөн ырайымынын негизинде ар кандай рухий жөндөмдүүлүккө ээ» (Рим. 12:6) экендигибизди түшүндүргөн. Ал өзгөчөлүктөрүбүздү санап чыгып, Кудай берген жөндөмдөрдү ачып кызмат кылышыбыз үчүн өзүбүздү кандайча алып жүрүүгө, кандай мамилелерди түзүүгө тийиш экендигибиз жөнүндө айткан. Сыягы, бардыгыбыз бири-бирине окшобогон жөндөмдөрдү алганбыз. Ушул себептен ар кимибиз кайталангыспыз.
Балдар дагы өздөрүнүн эч кимге окшобой тургандыктарын сезишет, ошондой болсо дагы өздөрүнүн уникалдуулугуна баа берип жаткандыктарына ынаныңыз: бармактарынын издери уникалдуу; каректеринин түзүлүшү башкача; беттери жана дене түзүлүштөрү башкалардыкынан айырмаланат. Балдарга алардын дал ошол кайталангыстыгынан улам ар бири абдан баалуу экендигин түшүнүүгө жардам бериңиз:
• Алардын ар бири үчүн Кудай атайылап
• Кудай балдарды алынган маалыматты өзүнө гана мүнөздүү түрдө кабыл алууга, маанилүү чечим кабыл алууга, кандайдыр бир аракеттерди кылууга
• Кудай ар бир балага
Кудай Аны даңкташыңарды каалагандыктан, сизди жана балдарыңызды кайталангыс кылып жараткан. Бул Өзү жараткан инсандарды сүйүү үчүн бирден бир туура жана баалуу мотив. Балдарды Кудайдын уникалдуу кылып жараткан инсанын өзүмчүл эмес жүрөк менен сүйүүгө үйрөтүңүз. Анын даңкы үчүн биз өзүбүздүн кайталангыстыгыбызды момундук менен баалоого тийишпиз, «анткени бардыгы Андан, Ал аркылуу жана Ал үчүн. Ал түбөлүк даңкталсын! Оомийин» (Рим. 11:36).
Балким сиздин ата-энеңиз сиздин уникалдуу жөндөмүңүздү байкап, сизди «жолуңуздун башталышында» түз жолго салууга аракеттенгендир. Мындай учурда сиз инсандыгыңыздын сизге гана таандык сапаттарын, өзгөчө жөндөмдөрүңүздү жана жашоодогу умтулууларыңызды колдонуп жашадыңыз деп ойлойм. Бирок сиз көпчүлүк адамдардын катарында болсоңуз, өзүңүздүн кандай инсан экендигиңиз жөнүндө түшүнүгүңүз күмөн жана өзүңүздү баалооңуз анча так эмес болушу мүмкүн. Эгерде ушундай болсо, балдарыңызга алардын өз алдынчалыгынын сырын ачып берүү жана аларда өзүн өзү кадырлай билүү сезимин бекемдөө сиз үчүн кыйынга турушу мүмкүн. Ушул себептен биз, көп ата-энелер, балдарыбызга өздөрүнүн кайталангыс экендигин түшүнүүгө багыттоодо жардамга муктажбыз.
Бул маселени чечүүдө сизге Джейн Кайз менен Кевин Джонсондун «Өзүңдү тап» деп аталган практикалык окуу китеби мыкты жардам берет деп ойлойм. Ар бирибиздин уникалдуу экендигибиз жөнүндө айткан ойлорумдун көпчүлүгүнө ушул китепти жана окуу куралын окуганымдан кийин ээ болгом[19].
Үй-бүлөңүз менен жалпы тажрыйбага ээ болуш үчүн балдар менен чогуу «Өзүңдү тап» деп аталган китептеги материалдарды иштеп чыксаңыз болот. Кудай жараткан уникалдуу инсандардын чыныгы баалуулугун үй-бүлөңүз менен бирге ачып билүүгө мүмкүнчүлүгүңүз бар. Бул сизге «Эң негизгиси–сырткы көрүнүш» деген жалган пикирди жокко чыгарууга жардам берет.
Чындыкты айталы: биз натыйжа баарынан жогору бааланган коомдо жашап жатабыз. Биздин балдарыбыз өсүп чоңоюп жаткан ийгиликке багытталган коом адамдын ишмердүүлүгүнө жана анын өз чөйрөсүндө канчалык ийгиликке жетишкендигине өзгөчө маани берет. Албетте, сиз балдарыңыздын мектепте жакшы бааларды алышын, спортто мыкты жөндөмдүүлүктү көрсөтүшүн, музыкада, балетте, сүрөт тартууда ийгиликтерге жетишин каалайсыз. Бирок бардыгыбыз балдарыбызды алардын өзүн-өзү кадырлоо сезиминин, кайсы гана жаатта болбосун, ийгилигинен көз каранды болушунан коргогубуз келет.
Бейсбол мелдештеринин мезгили келди. Ал учурда Шон он экиге чыккан, ал Кичи лиганын[20] оюнчусу эле. Оюн башталганга чейин эле Шонго жана анын жолдошторуна эң маанилүү насаатты жеткирүүнү ойлоп таптым: алардын ар бири, бейсболчу катары гана эмес, өз алдынча баалуу. Жакын жердеги кафелердин биринен жаңгак жана жемиш кошулган балмуздак сатып алууга мүмкүндүк берген он эки купонду сатып алып, бейсбол командасынын машыктыруучусуна бердим.
— Бул балдар үчүн, — дедим мен.
— Жакшы болот, — деп жооп берди тренер жылмайып. — Эң сонун! Көбүрөөк аталар ушундай камкордук көрсөтүшсө, мыкты болор эле. Биринчи жеңишке ээ болгон күнү балдарды кафеге алып барам.
— Жок, болбойт, — деп каршы болдум мен. — Балдар биринчи ирет
Тренер мени узакка изилдегендей карап турду. Акырында: «Кызык!» — деп айтканга гана жарады.
Туура, ал менин суранычыма жараша купондорду пайдаланууга макул болду.
Сезон башталып, Шондун командасы биринчи оюндарда жеңип чыкты, ал эми үчүнчү, балким, төртүнчү оюнда жеңилип калды, тренер мага берген сөзүнө турду. Ал оюнчуларга бирден купон таратты. Командадагы балдар толугу менен өздөрүнүн «жеңилишин» майрамдоого кафеге жөнөштү.
Шон балмуздак үчүн мага кеминде беш жолу ыракмат айтты. Кийинки эки жуманын ичинде анын командасынан үч бала келип, мага ыраазычылыгын билдиришти. Уулумдун командадагы Джесси аттуу жолдошу мындай деди: «Макдауэлл мырза, балмуздак үчүн сизге чоң ыракмат. Сиз бизди жеңгенибизге, же уттурганыбызга карабастан мыкты балдар катары эсептейт экенсиз. Бул абдан кубанычтуу!»
Шонго жана анын досторуна жеткирейин деген оюм: алардын адамдык кадыр-баркы бейсболдо жеңип чыгууга болгон жөндөмдөрүнөн көз каранды эмес. Алардын баалуулугу жана кадыр-баркы алардын Кудайдын бейнеси боюнча жаратылгандыгына негизделген. Мындан тышкары, Шондун баалуулугу менин көз алдымда бул факт менен бекемделет: ал — менин уулум, мен — анын атасымын.
Балдарыңызга аларды сиздин уулуңуз, же кызыңыз болгондугу үчүн баалай тургандыгыңызды жеткирүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуңуз. Алардын жетишкендиктери маанилүү эмес деген сөз болуп жаткан жок. Абдан маанилүү! Бирок балдар өздөрүнүн ийгиликтери, же жолу болбой калгандыктары алардын чыныгы баалуулугун жана кадыр-баркын аныктабай тургандыгын түшүнүүгө тийиш.
Балдарыбыз окуудан жетишкендиги жөнүндө табелин алып келгенде, «Негизгиси — бул ийгилик», — деген жалган пикирди жокко чыгарууга эң сонун мүмкүндүк түзүлөт. Баланын баалары жакшы болсо, мындай деп айтсаңыз болот: «Сенин ушунчалык күч жумшап, мыкты натыйжаларга жетишкениңди абдан баалайм. Бирок мен сени эң жакшы окуганың үчүн гана сыйлап жаткан жокмун — муну билесиң деп ойлойм. Эгерде табелиңде бир дагы “беш” деген баа болбогон күндө дагы, мен сени ушундай эле жакшы көрмөкмүн».
Балдардын оюн алардын ийгиликтеринен көз каранды эмес адамдык кадыр-баркына көбүрөөк буруңуз. Бул үчүн төмөндөгү сөздөр ылайык келет:
• Сен өтө таланттуусуң!
• Сен абдан тамашакөйсүң!
• Сенин жигердүүлүгүңдү баалайм!
• Сен абдан боорукерсиң!
Балдардагы башка адамдарга камкордук менен мамиле кылуу, ишеничтүүлүк, кайраттуулук жана чыдамкайлык сыяктуу сапаттарга көңүл буруу аркылуу биз үчүн алардагы адамдык жеке сапаттар алардын жетишкендиктерине караганда маанилүүрөөк экендигин билдире алабыз. Ата-эненин балдарга карата дал ушундай мамилеси аларда өз кадыр-баркын сезе билүүнү калыптандырат. Алар өздөрүн кандай болсо, ошондой кабыл алып сүйүүгө үйрөнүшөт, мунун натыйжасында башка адамдарды сүйүүгө жөндөмдүү болушат.
Бул жалган пикир «Коомдо мен кандай орунду ээлейм?» — деген суроого берилген жоопту коштоп жүрөт. Бала өзүнүн баалуулугун таанымалдык, өзгөчөлөнгөн жаштардын катарына кирүү, дизайнердик кийим кийүү, же класстын президенти болуп дайындалуу мүмкүндүктөрүнөн көз каранды деп эсептеши мүмкүн. Мындай учурда, бала заманбап коомдо кеңири жайылтылган «социалдык статустун маанилүүлүгү» жөнүндө жалган пикирди жактоочулардын катарына кирген болушу мүмкүн. Балдардын көпчүлүгү, атүгүл чоңдор дагы, башка адамдардын көз алдында таасирдүү, беделдүү болууга, же алардын үстүнөн көзөмөл кылууга жетишмейинче, өздөрүн орунсуз сезе беришет. Алар өздөрүнүн кадыр-баркы айланасындагы адамдардын арасындагы ээлеген ордунан көз каранды деп ойлошот. Коомдун кабыл алуусунун мындай түрүн мен символдук статус деп атайм. Бул статустан ажыраганда, көп адамдардын өзүн-өзү баалоосу кескин төмөндөйт.
Символдук статус адамдарга өзүнүн кадыр-баркын толугу менен сезүүгө мүмкүндүк бербейт. Мунун себеби — коомдун кабыл алуусунун бул түрү адамдын өзүнүн инсандыгы жөнүндө жаңылыш пикирди пайда кылат. Балдардын (чоңдордун дагы) көпчүлүгү умтулуп жаткан символдук статус — бул убактылуу, үстүрт жана чарчатуучу абал. Бүгүн бул статустун ээси — бүтүрүү кечесинин ханзаадасы, же баскетбол жылдызы даңктын нуруна бөлөнүүдө, бирок эртең адамдар ал жөнүндө унутуп коюшат. Символдук статустун чарчатуучу абал экендигинин себеби — аны сактап калууга аракеттенип, адам жаны тынбай жарышууга мажбур болот. Коомдун кабыл алуусунун ушундай түрүнүн пайдасыз экендиги жөнүндө Сулайман падыша мындай деген:
Ал өз өлкөсүндө жарды болуп төрөлсө да, зындандан падышачылык кылганы чыгат. Мен күн астында жүргөн адамдардын баары анын ордун ээлей турган башка улан менен бирге жүргөнүн көрдүм. Анын алдында турган элге сан жетпейт, бирок кийинкилер ага кубанышпайт. Бул да курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу экен!
Баланын кадыр-баркы анын сырткы көрүнүшү, ийгиликке жетишкендиги, же ал умтулуп жаткан символдук статус менен аныкталбайт. Анын баалуулугу анын Өз бейнесине окшотуп жараткан Кудай тарабынан аныкталган. Ата-эненин милдети — балдардын ушул фактыны түшүнүшүнө жардам берүү. Ар бир бала өзүн кайталангыс, Кудайдын көз алдында өзгөчө баалуу инсан катары кабыл алууга жана таанууга тийиш.
Биздин өзүбүздү баалообуз көбүнесе өзүбүз үчүн маанилүү адамдын биз жөнүндөгү пикирине негизделип калыптанат. Мисалы, аялым мени камкор күйөө деп эсептесе, мен ага ишенүүгө даярмын, анткени ал менин жашоомдогу эң маанилүү адам. Ал мен жөнүндө ушундай пикирде болсо, мен дагы аны менен макул болушум мүмкүн.
Кудай биздин канчалык баалуу экендигибиз жөнүндө айткан. Эгерде Ал биздин жашообуздагы эң барктуу Инсан болсо, анда биз Анын биз жөнүндөгү оюн өзүбүздүкүндөй кабыл алууга тийишпиз. Ыйса өзүнүн шакирттери жөнүндө бир нече баалуу насааттарды айткан:
Атам Мени кандай сүйсө, Мен силерди ошондой сүйөм… (…)Силерде Менин кубанычым болсун деп… (…) Мен силерге ушул сөздөрдү айттым. Мындан ары силерди кул дебейм, анткени кул өз кожоюнунун эмне кылып жатканын билбейт. Мен силерди досторум дедим, анткени силерге Атамдан уккандарымдын баарын айтып бердим. Силер Мени тандаган жоксуңар, Мен силерди тандап алдым…
Ыйсанын айтканы боюнча сиз жана биз — Анын досторубуз, сүйүктүүлөрбүз жана тандалгандарбыз! Элчи Пабыл бул тизмени улантып жазган. Эсиңизде болсун, төмөндө саналып жазылгандын баары — сизге түздөн түз тиешеси бар чындык. Буларды сиз иштеп тапкан жоксуз жана коомдо ээлеген ордуңузга жараша алган жоксуз. Бул Кудайдын сиз жөнүндө айткан Сөзү:
• [Сиз] Машайак аркылуу асмандагы ар кандай рухий баталарды [алгансыз]… (Эф. 1:3);
• [Сиз] Кудайдын алдында сүйүүдө ыйык жана кемчиликсиз [болушуңуз] үчүн, Ал [сизди] дүйнө жарала электен мурун Машайак аркылуу тандап [алган]… (Эф. 1:4);
• …[Кудай] Ыйса Машайак аркылуу Өзүнө бала кылып алууну алдын ала белгилеп койгон. (Эф. 1:5);
• Кудайдын мол ырайымынын негизинде Уулунун каны аркылуу кун төлөнүп, [күнөөлөрүңүз] кечирилди (Эф. 1:7);
• …Машайак аркылуу [сиз да мурасчы болуп калдыңыз](Эф. 1:11);
• [Ал сизди] Машайак Ыйса аркылуу асманга отургузду (Эф. 2:6);
• бизди Ал жараткан (Эф. 2:10)[22];
• Машайактын каны аркылуу [сиз] азыр жакын болуп [калдыңыз] (Эф. 2:13);
• …Кудайдын (…) сүйүүсүнөн жаратылган эч бир нерсе ажырата [албайт] (Рим. 8:39).
Жогоруда саналып өткөндөр — Кудайдын Өз баласынан жашырбаган сыяктуу, бизге ачык айткан чындыктары. Бул биздин жашообуздагы эң барктуу Инсандын пикири болгондуктан, өз пикириңиздей кабыл алыңыз. Кудайдын сиз жөнүндөгү пикири жана айткандары сиздин өзүңүздү баалооңузду бекемдесин.Ким Кудайдын ушул чындыктарын кабыл алса, ал өзүн туура кадырлап, барктай билүүгө үйрөнөт.
Ушундай эле жол менен сиз балдарыңыздын өзүн баалоосун бекемдей аласыз. Эгерде балдарыңыз адамдын коомдогу ээлеген ордунун өтө маанилүү экендиги жөнүндөгү жалгандын жактоочусу болууга үлгүргөн болсо, муну туура нукка багыттаңыз. Бул үчүн балаңыздын көңүлүн анын символдук статусунан өзүңүзгө — жердеги атанын статусуна ээ адамга буруңуз. Андан кийин Асмандагы Атанын статусуна ээ Кудайга буруңуз. Балдарыңызга муну улам-улам кайталоону унутпаңыз:
• «Мен сенин атаң болгондугум үчүн сыймыктанам».
• «Кудай дагы сенин Атаң болуп аталууга болгон мүмкүндүк менен сыймыктанат».
• «Кудай сенин Анын үй-бүлөсүнүн бир бөлүгү болушуңду каалаган, Анын сени Өз үй-бүлөсүнө чакыргандыгына абдан кубанам».
• «Кудай сени Өз үй-бүлөсүнө кабыл алды».
• «Мен сага кечире албай турган эч кандай жазык жок».
• «Кудайдын кечирими ар бирибиз үчүн жеткиликтүү».
• «Сен кайталангыс адамсың, менин уулум (кызым) экендигиң үчүн сыймыктанам».
• «Сен Кудай кайталангыс кылып жараткан инсансың».
• «Сен менин фамилиямды алып жүрөсүң жана менин үй-бүлөмдүн мүчөсүсүң».
• «Сен Ыйсага таандыксың жана Анын үй-бүлөсүнүн мүчөсүсүң».
• «Сени менин сүйүүмдөн ажырата турган бир да жазык жок! Сен ар дайым менин сүйүктүү уулум (кызым)болуп кала бересиң».
• «Сени Кудайдын сүйүүсүнөн ажырата ала турган эч нерсе жок».
Сизден айырмаланып, балдар бардык эле убакта өздөрүнүн баалуулугун сезе же биле алышпайт. Өздөрүнүн бошоңдугун жашыруу үчүн балдар мамилелешүүгө ар кандай тоскоолдуктарды каршы коюшат, «маскаларды кийишет» (башкача айтканда, өздөрүн жасалма алып жүрүшөт). Ушул кедергилерди жоюу үчүн болгон мүмкүндүктөрдүн бардыгын колдонуңуз. Балдарыңыз аларды канчалык жогору баалай тургандыгыңызды билишсин. Эгерде балдарда өз кадыр-баркын билүүнү калыптандыруу жөнүндө кененирээк маалымат алгыңыз келсе, менин мындан бир аз илгери убакыт мурда жазган «Өзүңүзгө Кудайдын көзү менен караңыз» деп аталган китебимди сунуштайм. Бул үчүн менин сайтыма кириңиз: www.josh.org.
Балдарыңыз, жердеги атасы — сиз жана Асмандагы Атасы — Кудай, аларды канчалык сүйө турганыңарды билгенден кийин, бара-бара өз кадыр-баркын туура сезүүгө үйрөнүшөт. Ошондо сиз аларга, адамдын өзүнө карата туура сүйүүсүнүн өзүмчүлдүк менен эч кандай жалпылыгы жок экендигин түшүндүрө аласыз.
~8~
Алтынчы милдет
Балага чыныгы сүйүү деген эмне экендигин түшүндүрүүгө аракеттенүү
Cиз үй-бүлөңүз менен жыйынга келип, чогуу орун алдыңыздар. Сиз аялыңыз, уулуңуз жана кызыңыз болуп, туугандарыңыздардын бирөөнүн үйлөнүү үлпөтүнө чакырылгансыздар.
Кызыңыз кулагыңызга шыбырап, мындай суроону берди:
— Атаке, айтсаңыз, эми Сара өмүр бою бүгүнкү берген никелик убадасын аткарып жашайбы? Сүйүшкөндөрдүн биримдиги алардын чыныгы сүйүүсүнө гана негизделүүгө тийиш эмеспи?
Сиз кызыңызга жооп берүүгө үлгүрө элегиңизде, анын суроосун угуп калган уулуңуз мындай деп сөзгө аралашат:
— Секелек, сен бир адамды түбөлүк сүйө албайсың. Дегинкиси, эч ким түбөлүк сүйө албайт, чынбы, ата?
— Сенден эч ким сурап жаткан жок, аңкоо, — деп одоно жооп кылат кызыңыз. — Ата, мен, болгону муну айткым келет: башкалардан өзгөчө жаш жигитке жолугуп, аны өмүр бою сүйгүм келет. Бирок мунун түбөлүк болуучу сүйүү экендигин кантип биле алам?
— Буга айтыңызчы, ата, — дейт тынчтана албаган уулуңуз. — Мунун жанында эч ким өмүр бою эмес, беш мүнөт дагы чыдап тура албайт.
Учурда мындай сөздөрдү балдарымдан эч качан укпайм деген ойдосуз. Бирок билип коюңуз: убакыт келгенде, алар чыныгы романтикалык мамилелердин кандайча пайда болору жөнүндө сөзсүз билгиси келет. Бойго жетейин деп калганда, алардын башка жыныстагы адамдар менен болгон мамилелерге кызыгуусу артат. Кыздарымдын ар жума сайын башка балдар менен таанышкан учуру эсимде. Бул убак аларга жана уулума жардам көрсөтүүгө, ошондой эле чыныгы сүйүү жасалма сүйүүдөн кандайча айырмалана тургандыгын түшүндүрүүгө мүмкүндүк берди.
Буга чейинки бөлүмдөрдүн биринде чыныгы сүйүү — бул башка адамдын коопсуздугун, бактысын жана бакубаттуулугун өзүңдүн коопсуздугуң, бактың жана бакубаттуулугуң менен бир катарда баалай билүү деп аныктаганбыз. Башка адамдын кызыкчылыктарынын маанилүүлүгүн таанууга негизделген сүйүүнү («Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй», — деген осуят эсиңиздедир) чыныгы сүйүү деп атоого болот.
Бирок заманбап искусство чыгармаларында өсүп келе жаткан муунга адеп-ахлактык жактан туура романтикалык мамилелердин үлгүсүн берген чыгармалар жокко эсе. Көп учурда өзүмчүл, дене кумарына негизделген, атүгүл ачыктан ачык маскаралык жүрүш-турушту чыныгы сүйүү катары көрсөтүшөт. Ошондуктан, биз балдарыбызга Ыйык Китепте жазылган чындыктарга туура келген чыныгы сүйүүнүн кандай болууга тийиш экендигин ачык айтууга тийишпиз. Орто статистикалык бала он жашка толгонго чейин эле, романтикалык мамилелер, сүйгөн адамдын сыйга татыктуу жүрүш-турушу жөнүндө бурмаланган ойлорго ээ болуп калышы мүмкүн. Ал эми биз, ата-энелер, алардын жаңылыш ойлорун жокко чыгарып, чыныгы сүйүү жөнүндө туура түшүнүктү калыптандырууга тийишпиз. Мезгилдин өтүшү менен мен Ыйык Китептен чыныгы сүйүү жөнүндө беш чындыкты таптым. Балдарды ушул чындыктарга үйрөтсөңүз, келечекте алардын айланасындагы адамдар, ошондой эле өздөрүнүн тандап алган жубайлары менен адеп-ахлактык жактан туура мамиле түзүшүнө жардам берген болосуз.
ЧЫНЫГЫ СҮЙҮҮ ЖӨНҮНДӨГҮ ИДЕЯ КУДАЙГА ТААНДЫК
Чыныгы сүйүү жөнүндөгү идея адамга таандык эмес. Чыныгы сүйүүнүн булагы адам эмес, анын булагы — Кудай. Ыйык Китепте «Кудай — сүйүү» (1 Жкн. 4:16) деп жазылган. Бул жерде сөз Кудайдын адамга карата сүйүүсү жөнүндө гана болуп жаткан жок. Чыныгы сүйүүнүн мазмуну Кудайда.
Үч бирдиктүү Кудай — Ата, Уул жана Ыйык Рух — чыныгы сүйүүнүн түбөлүк экендигин далилдеп турат. Кудай Өзүн мамилелерде ачып берет. Ата Уулду түбөлүк жана чексиз сүйөт. Уул Атасын түбөлүк жана чексиз сүйөт. Ыйык Рух Атаны жана Уулду түбөлүк жана чексиз сүйөт. Чыныгы сүйүүнүн абсолюттук стандартын Кудай орноткон. Бул эч качан бүтпөгөн жеткилең мамилелер Үч бирдиктүү Кудайдын ичинде орун алган. Бул идеал чыныгы сүйүүнүн үлгүсүн көрсөтүп турат.
Биз Кудайдын бейнеси боюнча жаратылып, Теңирди жана жакындарыбызды Ал сүйгөндөй сүйүүгө чакырылганбыз. Кудайдын сүйүүсү жеткилең, Ал бизди дагы ошондой сүйүүгө үйрөткүсү келет. Ыйса: «Мен силерди сүйгөндөй, силер дагы бири-бириңерди сүйгүлө» (Жкн. 13:34), — деп айткан. Ыйсанын Өзү — биз үчүн чыныгы сүйүүнүн үлгүсү. Анын сүйүүсү бизге биримдик алып келет, жашообузду кубанычка жана мааниге ээ кылат, ошондой эле, иш жүзүндө бизге өмүр берет. Ушул сүйүүгө — ырайымды жана тынчтыкты берүүчү, жашообузду биз эңсеген сапарга айлантуучу сүйүүгө биз жана балдарыбыз умтулабыз. Ар бир адам жеткилең сүйүүнү тааныгысы келет жана анын булагы — бир гана Кудай. «…Кудай — сүйүү. Сүйүп жашаган адам Кудайдын ичинде жашайт, Кудай да анын ичинде жашайт. Биздин ичибиздеги сүйүү жеткилеңдикке жеткендиктен…» (1 Жкн. 4:16–17).
ЧЫНЫГЫ СҮЙҮҮ ӨЗҮМЧҮЛ ЭМЕС
Ыйык Китепте бул чындык жазылган: «Сүйүү деген мындай: биз Кудайды сүйгөн жокпуз, бирок Ал бизди сүйгөндүктөн, биздин күнөөлөрүбүз үчүн Өз Уулун ырайым курмандыгы катары берди» (1 Жкн. 4:10). Чыныгы сүйүүнүн эң негизги мүнөздөмөсү — ал өзүмчүл эмес. Ыйса бул дүйнөгө Өзү үчүн келген жок, биз үчүн курман болууга келди. Анын сүйүүсү адамга — анын муктаждыктарын чечүүгө багытталган. Чыныгы сүйүү ушундай кам көрөт. Чыныгы сүйүү — эки адамдын бир-биринин бактысы үчүн колдорунан келгенин жасоого умтулушу. Сүйүү өзүмчүл эмес, ал «өз пайдасын көздөбөйт» (1 Кор. 13:5). Чыныгы сүйүүдө ар бир адам өз сүйүктүүсүн эң жакшы нерселер менен камсыз кылып, начар нерселерден коргоого умтулат.
Чыныгы демек өзүмчүл эмес сүйүү жөнүндөгү идеяны балдарга түшүндүрүү ар дайым эле оңой боло бербейт. Өзгөчө сезимтал болбосок дагы, балдардын табиятынан өзүмчүл экендигин билебиз.
Кичинекей наристе атасынын колунан оюнчукту тартып алып, эч тартынбастан: «Меники!» — дейт. Буга окшогон көрүнүштөр баарыбыздын эсибизде. Ар бирибиздин жүрөгүбүздүн тереңинде «өзүмө тийиштүү нерсени ала албай калам», — деген кооптонуу сезими бар. Демек, адамдын табияты үчүн бергенге караганда алган көбүрөөк мүнөздүү. Чоочун адамдар жөнүндө айтпай эле туралы — жакын достору менен «оюнчуктарды» бөлүшүп ойноо, же аларга убактысын арноо оңойго турбайт… Биздин кызыкчылыктарыбызга жооп бербегендей көрүнсө дагы, Кудай пайданы көздөбөөчүлүктү туура мамилелердин негизи кылып койгон. Чындыгында пайданы көздөбөөчүлүк жана бөлүшө билүү биздин кызыкчылыктарыбызга жооп берет.
Ыйса мындай деп айткан: «Бергиле, ошондо силерге да (толтуруп) берилет: …анткени кандай ченем менен өлчөп берсеңер, силерге да ошондой ченем менен өлчөнүп берилет» (Лк. 6:38). Бул өз ара сүйүүнүн эрежеси: биз эмнени берсек, ошону алабыз. Адамдардын кызыкчылыгын көздөп, өзүбүздүкүн таратсак, биз муктаж болбойбуз — мындай берешендик бизге терең ыраазычылыкты алып келет.
Бир күнү Сан-Диегонун борборунда Шон менен сейилдеп келатып, бир аз тамактанып алуу үчүн тез татым ресторанына кирдик. Бир чоң сэндвич заказ кылдык да, аны экөөбүз бөлүшүп алууну чечтик.
Сыртка чыгып, отургучтан орун алалы деп жатканыбызда, жаныбыздагы отургучтан үй-жайсыз сыяктуу көрүнгөн эркекти байкадык. Мен Шонго карап, бейтааныш адамды көздөй ишарат кылдым.
— Бул адам дагы аябай ачка болсо керек, — деп шыбырадым уулума. — Сэндвичибизден бөлүшсөк кантет?
— Ата, мен ачкадан өлгөнү турам, — деп жооп берди Шон.
— Менин дагы курсагым абдан ачты, — деп коштодум мен. — Бирок бул адамдын бизге караганда жүз эсе ачка экендигинен шегим жок. Ишенсең, биз сэндвичти үчкө бөлсөк деле тоюнабыз.
Шон, чынын айтканда, анча көңүлдөнбөстөн башын ийкеп, макулдугун билдирди.
Мен ал Аллен аттуу адамга: «Биз уулум экөөбүз абдан чоң сэндвич сатып алганбыз. Эгерде сиз ачка болсоңуз, биз бөлүшүүгө даярбыз», — дедим. Бизге карай жылмайып, ал биздин отургучубуздан орун алды. Сэндвичти үчкө бөлүп, үчөөбүз ыракаттана жеп алдык.
Сүйлөшө келгенде, Аллендин чын эле үй-жайы жок экендигин түшүндүк. Ал өзүнүн кайгылуу окуясын айтып берди, биз болсо кунт коюп угуп отурдук. Мен да өзүм жөнүндө баяндап, кантип машайакчы болуп калганым тууралуу айтып бердим. Коштошордо мен, Шон жана Аллен үчөөбүз чогуу сыйындык. Ал жөнүндө кам көргөн Ыйса бар экендигин уккан Аллен өз сапарын улантты.
Шон экөөбүз Сан-Диегодон тоодогу чакан үйүбүзгө кайтып келдик. Уулум: «Ата, мен сэндвичтин үчтөн бир бөлүгүн гана жедим, бирок өзүмдү эки сэндвич жеген сыяктуу сезип турам. Аллен менен бөлүшкөнүбүз абдан жакшы болду. Ага жардам бердик деп ойлойм». Учурдан пайдаланып, уулума — эгерде айланадагы адамдар менен колубузда бар нерселер менен бөлүшсөк, өз муктаждыктарыбыздын толтурулушун Кудайга тапшырсак, Ал ар дайым биз менен кам көрөрүн түшүндүрдүм. Биздин бул жашоодо, же кийинки жашоодо сыйлык алышыбызды Теңир ар дайым көзөмөлдөп турат.
Балаңызга өз убактысын, же ал үчүн өтө кымбат нерсесин курмандыкка берүүнү сунуш кылыңыз. Мындай белектер үчүн Кудай кандай берешендик менен сыйлык берерин атүгүл наристелер дагы түшүнүшөт. Өзүнүн күндөлүк чыгымдарына жумшай турган акчасынын бир бөлүгүн алыскы өлкөдөгү кыйынчылыкта жашап жаткан балдар үчүн курмандыкка берүү балага абдан пайдалуу тажрыйба берет. Көп гуманитардык уюмдардын түзүмү балдарды өз курдаштарына жардам берүүгө үндөөгө багытталган (мисалы, балдарга өз ара кат, же фотосүрөттөр менен алмашууга мүмкүндүк берүү). Балдардын кайрымдуулук иштерине катышуусу аларга Кудайдын сүйүүсүнүн ушул өзгөчөлүгүн түшүнүүгө жардам берет.
Ошондойэле, өзүмчүл эмес мамиленин жана жүрүш-туруштун үлгүлөрүн көрсөтүү абдан пайдалуу. Балдарга мурдагы, же азыркы убактагы мамилелериңизден сиз убактыңызды, күчүңүздү, же мүлкүңүздү курмандыкка берген учурларыңыз жөнүндө айтып бериңиз. Мындай мамиленин сизге канчалык бата алып келгенин билишсин. Адамдардын өз жашоосунан алынган күбөлүк далилдери балдарды — өз пайдасын көздөбөөчүлүк жана башка адамдын муктаждыктары жөнүндө кам көрүү ортодогу мамилени бекемдеп, терең ыраазычылыкты жана сыйлыкты алып келерине ынандырат.
ЧЫНЫГЫ СҮЙҮҮ — БЕРГЕНГЕ ЧЕЙИН АЛУУГА ТИЙИШ
Биз өзүбүздө жок нерсени бере албайбыз, бул талашсыз. Сүйүү дагы ушундай. Өзүбүз албаган нерсени башкаларга берүүгө кудуретибиз жетпейт. Элчи Жакан мындай деп жазган: «Биз Кудайды сүйгөн жокпуз, бирок Ал бизди [сүйдү]… (…) Ал бизди сүйгөндүктөн, биз да Анын сүйөлү» (1 Жкн. 4:10, 19).
Жакындарыбызды сүйүүгө болгон жөндөм Кудайдын жана айланабыздагы адамдардын бизге көрсөткөн сүйүүсүнөн келип чыгат. Кудай жүрөктөрүбүздү Өзүнүн сүйүүсү менен толтурганга чейин, бизди кечирүүгө, шартсыз кабыл алууга, боорукердикке жана ынтаалуулукка, жакындарыбызга сүйүүбүздү жана ыраазычылыгыбызды билдирүүгө чакырбайт. Мисалы, элчи Пабыл мындай деген: «Кудай даңкталышы үчүн, Машайак силерди кабыл алгандай, силер да бири-бириңерди кабыл алгыла» (Рим. 15:7). Машайак бизди кабыл алганда, биз айланадагы адамдарды түшүнүүгө жөндөмдүүбүз. Кудайдын берешен сүйүүсүнүн жана жакындарыбыздын сүйүүсүнүн натыйжасында биз дагы өз пайдабызды көздөбөстөн курмандык алып келүүгө жана сүйүүгө үйрөнөбүз.
Адамдарды сүйүп, аларга ишенич менен мамиле кыла албаган адамдар жөнүндө ойлонуп көрүңүз. Балким, алардын жашоосунда туура эмес түзүлүп, акыр аягында үзүлгөн мамилелердин капалуу тажрыйбасы болушу мүмкүн. Мурдатан туура түзүлгөн жана адеп-ахлактуу мамилелер азыркы учурда жана келечекте дагы ийгиликтерди алып келет. Тескерисинче, адамдын мурдагы жашоосунда алган терс тажрыйбасы учурда жана келечекте оңунан чыкпаган мамилелердин калыптанышына себеп болот. Терс мамилелердин минтип улана берүүчү тизмеги токтотулушу керек. Мындай мүмкүнчүлүккө биз Кудайдын шартсыз сүйүүсүн кабыл алганда гана ээ болобуз.
Өзүмдүн бактысыз үй-бүлөдө өсүп чоңойгонум жөнүндө мурда да айткан элем. Мен чындыгында эле сүйүүнү кабыл ала алчу эмесмин жана сүйүүмдү көрсөтүүгө да үйрөнбөгөм. Үй-бүлө курганымдан кийин жүрүш-туруштун ушундай үлгүсүн андан ары улантышым ыктымал эле… Бирок Кудайга, өзүмө жана менин айланамдагы адамдарга карата жаңы, туура мамилеге ээ болдум.
Мектепте жана университетте окуп жүргөнүмдө, баары бири-бирине чыныгы сүйүү менен мамиле кылган үй-бүлөгө абдан муктаж элем. Мындай адептүү үй-бүлөнү мен Дик жана Шарлотта Дэй аркылуу жолуктурдум.
Дик менен 1960-жылдарда таанышкам, экөөбүз семинарияда чогуу окучубуз. Ал башка студенттерден бир нече жашка улуу эле жана анын аялы, төрт баласы бар болчу. Отуз жашка чамалап калганда, Кудайга кызмат кылууга чакырылгандыгын сезиптир. Биз алдыдагы окуу дисциплиналарын тандап жатканда таанышып, дароо тил табыштык.
Көп өтпөй, мен Дэйдин дагы бир үй-бүлө мүчөсүндөй болуп калдым. Оңтою келбеген учур болсо дагы, мисалы таңкы 6:30да, же кечки 11:00дө, мен үчүн өтө маанилүү болуп сезилген нерселер жөнүндө сүйлөшөйүн деп, алардын тез-тез үйүнө келчү болдум. Чыдамдуу Дик мага ар дайым мээримдүү жана ынтаалуу мамиле кылды. Бала чагымда мындай мамиле жөнүндө эңсегенден башка аргам жок эле.
Дик менен Шарлоттанын бири-бирине жана балдарына кылган мамилеси мага чоң таасир калтырды. Алар балдарын кабыл алып, баалашчу. Балдарды шыктандырып, өздөрүнүн кайталангыс жана алмаштыргыс экендиктерин сезишине мүмкүндүк беришчү. Дик менен Шарлотта балдарына болгон сүйүүсүн жароокер сөздөрү менен билдирип, аларды сылап, улам-улам кучактар эле. Кучактоо кандай болорун мен Дэйдин үй-бүлөсүнөн билдим деп айта алам. Дик менен Шарлотта, ким аларга муктаж болсо, ар дайым алардын жанында болушчу. Балдары үчүн ар дайым убакыт табышчу. Бул дагы мага чоң таасир калтырды, анткени атам менин бар, же жок экендигим жөнүндө анда-санда эстечү.
Дик менен Шарлоттанын үй-бүлөсүндөгү дагы бир өзгөчөлүктү байкадым: ата-энеси үй тиричилигиндеги кылган жардамдары үчүн балдарына ыразычылыгын айтышчу. Таштандыны чыгардыбы, үй ичин иретке келтирдиби.. эмне гана болбосун. Алар эч качан балдарга ыракмат айтууну унутушчу эмес. Өзүмдүн бала чагымды эстесем, атам мени эмгек кылууга үйрөттү, бул үчүн ага ыраазымын. Бирок, менин кылган ишимди баалачу беле? Качандыр бир убакта мындай болгонун эч эсиме түшүрө албайм.
Иш жүзүндө Диктин үй-бүлөсү менин бала чагымдан самаган үй-бүлөм болуп калды. Биздин сүйүүгө негизделген мамилелерибизден улам адамдардын ортосундагы адеп-ахлактуу, туура мамиле кандай болууга тийиш экендигин билдим. Өткөн учурдагы туура эмес жашооңуздун таасиринен (кандайдыр бир деңгээлде, бул ар бир адам үчүн мүнөздүү) бошонууга аракет кылыңыз. Ыйык Китептеги чындыктарга негизделген өз ара туура мамилелерди иш жүзүндө түзгөн, рухий жеткилең машайакчылардын үй-бүлөсүн таап, достошуңуз. Үй-бүлөнүн рухий жеткилең атасынан — ал жашы боюнча сиз үчүн чоң ата катары болсо дагы, — өзүңүзгө насаатчы болушун сураныңыз. Бул суранычыңыз аркылуу сиз ага өзүңүздүн сыйыңызды көрсөтөсүз. Ошондой эле, ал адамдан өзүңүздүн балдарыңыз менен ишеничтүү мамиле түзүүдө зарыл болуучу эмоциялык көндүмдөрдү кабыл аласыз.
ЧЫНЫГЫ СҮЙҮҮ БАШКА АДАМДЫН МУКТАЖДЫКТАРЫ ЖӨНҮНДӨ КАМ КӨРӨТ
Ыйсанын сүйүүгө толгон жүрөгүн сүрөттөп жазыш үчүн «боору ооруду» деген сөз жана анын синонимдери колдонулганын айта кетишибиз керек. Эки сокур адамды көрүп, Ыйсанын аларга «боору ооруду». Пес оорулуу адамды көргөндө дагы Анын «боору ооруду». Анын артынан ээрчиген, ачка болгон элди көргөндө, Теңир аларды «аяды»[23]. Ар кандай кайгыга (денелик, эмоциялык, же рухий) туш болгон адамды жолуктурганда, Ыйсанын сүйүүгө толгон жүрөгү дароо жооп кайтарган. Чыныгы сүйүү муктаждыкка туш болгон адамдын көйгөйүнө дароо жооп берүү аркылуу өзүн ачып берет.
Тун балаңыз төрөлгөндөн кийин анын адамдардын көңүлүн өзүнө бурууга болгон жөндөмүн байкагандырсыз. Ымыркайлардын үндөрү өтө бийик! Ушундай «вокалдык жөндөмдөрүн» сиздин балдарыңыз дагы абдан ийгиликтүү колдонгондугунан күмөн санабайм. Баланын сиздин кулагыңызды «кубантып» жаткандыгынын бир себеби — өзүнүн ачка экендиги жөнүндө сизге кабар берүү. Албетте, сиз жана аялыңыз анын мындай муктаждыгын толтурууну кечеңдетпестен, дароо курсагы ачкан баланы тоюндурууга кам көрчүсүздөр. Эмчек сүтү, же сүт аралашмасы менен тамактангандан кийин баланын дагы бир муктаждыгын толтурууга — жалаягын алмаштырууга шашылчусуздар. Акыры, анын уйкусу келгенде — уйку үчүн бардык ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүп, бул муктаждыгын дагы кубаныч менен орундатасыңар. Баланын денелик муктаждыктарын толтуруу менен ал төрөлгөн күндөн тартып алек болосуңар — бул чыныгы сүйүүнүн бир бөлүгү.
Балага болгон сүйүү мындан тышкары, анын эмоциялык, жан-дүйнөлүк муктаждыктарын канааттандыруу болуп эсептелет. Анткени, денелик муктаждыктар менен катар анын жан-дүйнөсүнүн муктаждыктары да бар. Мындай муктаждыктарын канааттандырганыбызда, баланын айланасындагы адамдардын эмоциялык муктаждыктарын толтурууга үйрөнүшүнө шарт түзгөн болобуз. Бул өз ара адеп-ахлактуу мамилелердин айырмалап туруучу сапаты.
Дал ушундай мамилелерди мен Дэйдин үй-бүлөсүнөн байкачумун. Бул үй-бүлөнүн мүчөлөрү бири-биринин эмоциялык муктаждыктарын толтуруп турушчу жана аларда өзүмчүлдүк жок эле. Дик менен Шарлотта балдарына алардын муктаждыктарын толтуруп турган сүйүү менен мамиле кылышчу. Ар бир баланын кабыл алынууга, өз кадыр-баркын билүүгө жана сүйүүгө болгон эмоциялык муктаждыктары канааттандырылчу. Ушул себептен үй-бүлөдөгү маанай балдарды башка адамдарга дагы ушундай мамиле кылууга үйрөтчү.
Узак жылдар бою балдарымдын бардык эмоциялык муктаждыктарын билбейм го деп тынчсызданар элем. Бул гана эмес, өзүмдүн жан-дүйнөлүк муктаждыктарымды, же болбосо Доттинин жан-дүйнөлүк муктаждыктарын билем деп айтуудан алыс болчумун. Булардын кээ бири, мисалы: кабыл алынууга, өз кадыр-баркын билүүгө, колдоого, көңүл бурууга болгон муктаждык жөнүндө мурдагы бөлүмдөрдө айткам. Ыйык Китепте жазылгандай, бизде кеминде отуз беш эмоциялык муктаждык бар экен. Алардын бардыгы тигил, же бул деңгээлде канааттандырылууга тийиш. Биз аларды Ыйык Китептегидей «бири-бириңерге» деген чакырыктары менен чогуу атайбыз. Мисалы: «бири-бириңерди кабыл алгыла» (Рим. 15:7), «бардыгы бири-бирине кам көрүш үчүн…» (1 Кор. 12:25), «бири-бириңерге акыл насаат (айткыла)» (1 Тес. 5:11) ж. б. Мени Ыйык Китептеги ушул үзүндүлөр менен тааныштырган кымбаттуу досум доктор Дейвид Фергюсон, адамдын жашоосундагы эң маанилүү он жан-дүйнөлүк муктаждыкты кантип аныктоого боло тургандыгын түшүндүрүп берген. Анын кеңеши мен үчүн баа жеткис жардам болду: үй-бүлөмдүн орчундуу жан-дүйнөлүк муктаждыктарын канааттандырууда кандай кадамдарды жасоого боло тургандыгын айтып берди.
Албетте, өзүңүз деле Ыйык Китептен бардык эмоциялык муктаждыктар жөнүндө түшүнүк алсаңыз болот. Бирок мен алардын ичинен онуна токтолуп, Ыйык Китептин кайсы жеринде жазылганын билишибиз үчүн аяттарды көрсөтүп, ар бирине аныктама берип кетейин. Адам үчүн абдан маанилүү болгон жан-дүйнөлүк муктаждыктардын тизмеси менен таанышып жатканыңызда, балдарыңыздын ар бири үчүн алардын кайсынысы өзгөчө мааниге ээ экендигин түшүнүүгө аракет кылыңыз. Бул муктаждыктардын баяндамасы бала өз муктаждыгынын кандайча канааттандырылгандыгы жөнүндө билдирип жаткан сыяктуу, биринчи жактан айтылат.
•
•
•
•
•
•
•
•
•
•
Балдарыбыздын кандай эмоциялык муктаждыкта болуп жатканын билгенибизде кандай гана сонун болмок! Бул эмоциялык муктаждыктар баарыбызга кандайдыр бир деңгээлде мүнөздүү жана алардын канааттандырылышы биз үчүн абдан маанилүү. Ошондой болсо да, конкреттүү кырдаалда тигил же бул муктаждык биз үчүн өтө орчундуу болушу мүмкүн. Мисалы, Шон сыйлоого абдан муктаж, ошол эле убакта Хизер көңүл бөлүүгө чоң маани берет. Дотти баарынан дагы колдоого муктаж, мен болсо, ардактоону абдан күтөм. Чындыгында, балдарыңыз, аялыңыз же өзүңүз үчүн маанилүү болгон эки-үч эмоциялык муктаждыкты билип алып, үй-бүлө мүчөлөрүңүз менен талкууласаңыз, ашыктык кылбас эле. Жакын адамдар бир-биринин эмоциялык муктаждыктарын канааттандырыш үчүн күч жумшаганы канчалык жүрөк кубантат!
Сизге өзүңүздүн жана үй-бүлө мүчөлөрүңүздүн приоритеттүү жан-дүйнөлүк муктаждыктарын аныктоого жардам бериш үчүн ушул китептин аягындагы абдан пайдалуу тестти сунуштайм. «Great Commandment Network» менен бирдикте Дейвид Фергюсон тарабынан иштелип чыккан бул тест кандай эмоциялык муктаждыктар сиз жана жакындарыңыз үчүн маанилүү экендигин билип алууга мүмкүндүк берет.
Башкалардын эмоциялык муктаждыктарын түшүнүүгө жана толтурууга балдарды үйрөтүү зарыл. Бул үчүн мен балдарымды Доттинин эмоциялык муктаждыктарын толтурууга мени менен бирге активдүү катышуусун сурандым. Ушинтип, мен балдарга үлгү көрсөттүм, алар болсо, сөз жүзүндө гана эмес, иштери аркылуу апасына реалдуу жардам көрсөтүүгө мүмкүндүк алышты. Мисалга туулган күндү белгилөөнү алалы. Албетте, балдарыңыздын туулган күндөрүн жыл сайын майрамдайсыздар. Бул эң негизги эмоциялык муктаждыктарды канааттандыруу үчүн эң сонун мүмкүндүк. Кезектеги туулган күндү майрамдоонун убагында алардын эмоциялык муктаждыгын толтурууну көздөгөнүңүздү билишсин. Кийинчерээк балдарга эми алар дагы башкалар жөнүндө ушундай эле кам көрө алышарын түшүндүрүңүз. Бул үчүн апасынын туулган күнүн майрамдоо убагынан пайдаланышса болот.
Доттиге бир сөз айтпастан, балдарга анын туулган күнүн уюштуруудагы планым жөнүндө айттым. Мындай дегеним эсимде: «Балдарым, апаңардын туулган күнү жакындап калды. Мага силердин жардамыңар керек. Апаңар аны канчалык жакшы көрүп, ага камкордук менен мамиле кыларыбызды түшүнүшү үчүн, ага кандайча кубаныч тартууласак болот?»
Ушундай «жашыруун кеңешмелерибиздин» биринде Келли мындай сунуш киргизди:
— Апам пляжда эс алууну жактырат. Ошондуктан пляжга барууну уюштурсак болот.
— Менде идея бар, — деп жарыялады Шон. — Апам спагеттини жакшы көрөт, ошондуктан кечки тамакка спагетти даярдап берели.
— Менин идеям мындан да жакшы, — деп сөзгө аралашты Келли. — Пляжга эс алууга барып, спагетти жесек болбойбу?
Бул «жашыруун кеңешмелерибиз» балдарымды апасынын эмоциялык муктаждыгын толтуруу үчүн кам көрүүгө үйрөтүүдөгү эң мыкты мүмкүндүк болду. Мындан кийин бардык үй-бүлө мүчөлөрү ар биринин туулган күндөрүндө майрам ээсинин бардык эмоциялык муктаждыктарын толтурууга аракеттенүүнү адатка айлантышты.
Доттинин туулган күнүнө даярдаган куттуктоо катыбызда балдардын ар бири ага арнаган сүйүү жана колдоо сөздөрүн жазышты. Убагында балдарым апасынан ушунчалык көп сүйүү жана колдоо алышкан — муну алардын эстерине салдым. Эми алар дагы апасына ардактоо менен ыраазычылыгын билдире алышат.
Балдарга көңүлүңүздү буруп, камкордук көрүп жатканыңызда, аларга карата мамилеңизде шартсыз кабыл алууну, ардактоону, колдоону, дем берүүнү, сыйлоону, жактырууну жана сүйүүнү көрсөтүңүз. Бирок муну менен эле чектелип калбаңыз. Аларды өзүңүзгө шериктеш кылып алыңыз жана аларды апасынын ушундай эле эмоциялык муктаждыктарын толтурууга үйрөтүңүз. Апасы жөнүндө кам көрүүдө сизге жардам берип жатышканда чыгармачылык менен кенен ой жүгүртүүнү сунуш кылыңыз.
ЧЫНЫГЫ СҮЙҮҮ — БУЛ ТАНДОО ЭРКИНДИГИ
Көп жылдар өтсө дагы, ыйык кызмат кылуучунун мага кайрылып, мындай суроо бергени азыркыга чейин эсимде: «Джослин Дейвид, ушул күндөн тартып, экөөңөрдү өлүм ажыратканга чейин — анын жанында бирге болуп, кубанычта жана кайгыда, байлыкта жана жакырчылыкта, ооруда жана саламаттыкта — аны сүйүү жана кадырлоо үчүн, Дороти Эннди мыйзамдуу аялдыкка аласыңбы?»
Ошол никелешүү жана үйлөнүү үлпөтү менен Дотти экөөбүздүн никебиз аяктаган жок — бул башталышы гана эле.Чыныгы сүйүү, өзгөчө нике биримдиги жолдун аягы эмес — бири-бирин сүйгөн эки адамдын сүйүү келишими менен бекемделген сапары. Байкасаңыз, сүйүү тандоону билдирет. Мен Доттинин кыйбастыгын тандадым. Бул тандоо — өмүрүмдүн акыркы күнүнө чейин ага ишенимдүү болууга жана аны бүт жүрөгүм менен сүйүүгө кылган аң-сезимдүү чечимим болгон. Бир гана аялды — өз аялыңызды сүйүүнү тандаганыңызда, ага карата ишенимдүүлүктү жана берилгендикти тандайсыз. Башка адамдар менен болгон мамилелерибиздин баары эле өмүр бою улана бербейт. Кээ бир достук мамилелер кандайдыр бир себептер менен токтотулушу мүмкүн. Бирок сиздин максатыңыз узакка созулган мамиле болсо, аң-сезимдүү тандоого даяр болуңуз.
Балдарыңыз сүйүүнүн жөн гана сезим же эмоциялык толкундануу эмес экендигин билүүлөрү зарыл. Сүйүү — биз кандай гана кырдаалга туш болгонубузга карабастан, биз үчүн кымбат адам менен бирге болуу жөнүндөгү келишимибизге негизделет. Өзүңүздүн үйлөнгөн күнүңүздү белгилеп жатып, сиздин никеңиз — өмүр бою улана турган нике экендигин балдарыңызга айтып бериңиз. Бул күндү үй-бүлөлүк салтанаттуу майрамга айлантууга болот. Никедеги ишенимдүүлүк — бул тандоо экендигин жана сиз бүт жүрөгүңүз менен аялыңызды гана сүйүүнү ар дайым тандай турганыңызды айтып бериңиз.
Кимдир бирөө үйлөнүү тоюна чакырып калса, балдар менен чогуу барууга мүмкүндүк табыңыз. Романтикалык мамилелердин натыйжасында никеге турганда, түгөйлөр тандоо жасап, бири-бирине ишенимдүү болууга салтанаттуу түрдө убада берерин түшүндүрүңүз. Азыркы мезгилде бул убадалардан тез баш тартып жатышкандай, нике биримдиги узакка созулбачудай жана түгөйлөрдүн эмоциялары муздаганда никедеги мамилелери дагы токтотула тургандай сезилет. Балдарга Кудайдын нике тууралуу пикири мындай эмес экендигин түшүнүүгө жардам бериңиз. Жубайлар бири-бирине ишенимдүүлүгүн сактаганда, алардын мамилеси өмүр бою сактала турганын билишсин.
Никедеги мамилелерди жубайлар бири-бирине берилүү менен өмүр бою сактап келсе — бул Кудайдын никеге карата көздөмүнүн аткарылгандыгы. Чыныгы сүйүү өзүмчүл эмес жана башка адамдын муктаждыктары жөнүндө камкордук көрөт. Атанын алтынчы милдети ушул — балага чыныгы сүйүүнүн кандай болууга тийиш экендигин түшүндүрүү.
~9~
Жетинчи милдет
Баланы жакшылыкты жамандыктан ажырата билүүгө үйрөтүүгө аракеттенүү
— Аарон, азыркы биздин маектешүүбүз мурдагыдай болбойт, деп сага сөз берем, — деди атасы. — Экинчи сага кыйкырбайм, — деп убада кылам. — Бөлмөдө тынчтык өкүм сүрдү, Аарондун энеси Марсинин мурдун шуу деп тартышы гана ал тынчтыкты бузду. Он жети жаштагы жигиттин атасы Рик жергиликтүү электроника дүкөнүндө болгон уурулукка айыпталып жаткан уулун жемелеп жатты. — Жөн эле менин суроолорума жооп берчи, — деп Рик сөзүн улантты. Ал уулун сүйлөтүүгө кылган аракетин токтотподу: — Мага айтчы, дүкөндөгү уурулук үчүн камалган кандай экен?
— Билбейм.
— Өзүңдүн күнөөңдү билип жатасыңбы?
— Жок.
— Сен жаман иш кылганыңды түшүнбөй жатасыңбы?
— Жаман иш кылдым го деп ойлойм.
— Эмне үчүн?
— Билбейм.
— Сен уурдабаш керек экендигин билбейсиңби? — деп Рик такып сурап жатты.
Марси ата менен уулдун маегин угуп отурду. Улам-улам Ааронду карап, «Мен таптакыр бейтааныш адамды көрүп турам», — деген ойго келди. Бир учурда анын көз алдына уктаарга жакын жомок окуп жатканда, тизесине отуруп алчу наристенин элеси келди. Кичинекей баланын жигитке айланышы Рик менен Марси үчүн оңойго турган жок.
Маектин катышуучуларынын орду алмашты: эми Аарон сүйлөп жатты.
— Сен «уурдабаш керек» дегенди кайдан алдың? — деп күтүүсүздөн алдыга жүткүнүп, сүйлөшүүгө эми кызыккан адамдай болуп, атасына суроо берди.
Рик таң кала уулун карап калды:
— Сен эмнени айтып жатасың?
— Мен эмне жамандык кылдым? Мен болгону бир эле камераны алдым, болду. Мен мурда алардан сатып алган видеокамера башынан эле жакшы иштебей жаткан болчу. Алар мага жакшы иштегенине алмаштырып бериши керек эле, бирок алмаштырып бербей коюшту. Мага тийиштүү болгон нерсени алганымдын эмнеси жаман?
— Уккан кулагыма ишенбей турам, — деди Рик. Аарон кыр көрсөткөндөй көзүн акшырайтып туруп, дивандын жөлөнгүчүнө чалкалай, колдорун кайчылаштырып алды. — Аарон! — деп Рик кесе айтты уулуна. — Биз энең экөөбүз сени өмүр бою туура жаша деп үйрөтүп келгенбиз. Сенин ушуга чейин «уурдабаш керек» дегенди түшүнбөй жатканыңа мен аябай иренжип турам.
— Ким уурдап жатат? — деп Аарон каяша айтты. — Чындыгында, мен эмес. Алар дүкөндүн кызматчылары, өздөрү күн сайын сатып алуучулардын чөнтөктөрүнө колдорун салышат. Ошолор камалышы керек.
Рик абдан тынчсызданды. Анын чыдамы кете баштады.
— Сен ал камераны алууга укугуң жок экенин сонун эле билгенсиң, бул жерде дүкөндүн саясатынын тиешеси жок. Аарон Майкл, биз сага мындайды үйрөткөн эмеспиз! — Риктин жанында отурган Марси күйөөсүнүн ачууланганына жооп кылгандай, анын колдорун катуу кысты. — Мени укчу, — деди Рик дагы эле кейиген үнү менен. — Акча бербей туруп, дүкөндөн бир нерсе алганга болбойт. Бүттү. Дүкөндүн репутациясынан көз карандысыздыкта, болбойт.
— Эмне үчүн? — деп өжөрлөндү Аарон.
— «Эмне үчүн» дегениң кандай? — Риктин ачуусу келди. — Бул туура эмес! Кылбай турган нерселер бар, себеби болбойт, сөз бүттү. Сенин туура эмес кылганыңды экөөбүз тең билебиз.
Аарон дагы жооп катары үнүн бийик чыгарды:
— Кандай ойлосоң, өзүң бил, бирок мен күнөлүү эмесмин. Сенин өзүңдүн пикириң бар, менин өзүмдүн пикирим бар. Досторумдун бирөөсү дагы мени «жаман иш кылдың», — деген жок. Эгерде бул окуяга күнөлүү жак бар болсо, ал — дүкөндүн администрациясы.
Жаш жигит бөлмөдөн тезирээк чыгып кетчү болуп, дивандан тез турду.
— Дароо артка кайтыңыз, жигит, — деп талап кылды Рик.
— Мен футболго барышым керек, — деди Аарон, тепкичтен түшүп бара жатып.
Марси кайрадан күйөөсүнүн колун катуу кысты.
— Сен адаттагыңдай эмес, башкача сүйлөшүүгө сөз бергенсиң, — деп ал акырын, бирок бекем айтты.
Рик креслого отуруп, көздөрүн жумуп, ойлонуп калды. Кантип алардын баласынын адеп-ахлактык багыты чындыктан мынчалык алыстап кетти?
Рик менен Марси бардык ата-энелер каалаган нерсени каалашкан: баарыбыз балдарыбыздын жакшылыкты жамандыктан айырмалай билишин жана туура, адеп-ахлактуу тандоо жасашын каалайбыз. Бирок биздин окуядагы ата уулунун туура эмес жолго түшкөнүн билип турса дагы, ага чындыкты жеткирүүгө алсыз болуп турду. Биз, аталар, чындыгында, өзүбүздүн балдарыбызды чыныгы жакшылыкты анык жамандыктан айырмалоого кантип үйрөтүүгө болорун билишибиз керек. Ошондо чечүүчү кырдаалга туш болгондо, балдар адеп-ахлактуу туура тандоо жасай алышат.
Ар бир адам жакшы ишти жаман иштен ички туюму менен айырмалоого жөндөмдүү. Аарондун кроссовкасын мектептин кийинчү жайынан уурдап кетти деген кырдаалды элестетип көрөлү. Ал өзүн жабырлануучу катары сезет болду бекен? Сөзсүз. Ал уурунун «кайсы иш жакшы, кайсы иш жаман» деген жеке ою жөнүндө талкуу жүргүзөт, деп ойлоп жатасыздарбы? Күмөн санайм. Ал адилеттүүлүк кылууга чакырып, бул кырдаалда кимдин жабырлануучу экендигинен күмөн санабайт эле. Муну менен бирге, албетте, анын пикири боюнча ал гана эмес, бардыгы баш ийүүгө милдеттүү болгон адеп-ахлактык мыйзамга калыстык сурап кайрылмак.
Бирок элестеткен кырдаалда эмес, чыныгы кырдаалда Аарон электроника дүкөнүнүн администрациясы ага жана башка сатып алуучуларга адилетсиз мамиле жасагандыгы үчүн, өзүнүн кылган ишин акталды деп ишенет. Ошондуктан, анын адеп-ахлактык сезимдери ууручулукту кабыл алып жатат. Чындыгында, заманбап балдардын көпчүлүгү шартка жараша уурдап, же алдаса болот деп ойлошот. Алар бир кырдаалда кылууга болбой турган жорук башка кырдаалда орундуу болот деп ишенишет. Ошентип, балдарды «адеп-ахлактык мыйзам шартка жараша өзгөрүп турат», — деп эсептешкен чоң кишилер курчап турса, анда аларды кантип жакшылыкты жамандыктан айырмалоого үйрөтсө болот?
ЧЫНДЫКТЫ АНЫКТООНУН ЭКИ ЖОЛУ
Заманбап коомдо эмнени «жакшылык», эмнени«жамандык» катары аныктоого боло тургандыгынын эки түрдүү жолу бар. Ар бир жол биздин дүйнө таанымыбызга таасир этип, ар бири принципиалдуу башка көз карашка негизделет:
•
•
Биринчи жол адам эмес, Кудай башкы Инсан экендигин, адам эмес, Кудай — бар болуп турган нерселердин баарынын Булагы жана Ааламдын Эгеси экендигин тааныйт. Ал — Чындыктын булагы, Жаратуучу жана бүткүл жакшы, жаман нерселердин баарынын Соту.
Экинчи жол адамды башкы орунга коет. Аны адеп-ахлактык мыйзамдын аныктагычы деп табат, бул жол жекече (башкача айтканда субъективдүү) болуп, субъекттин жеке кырдаалынан көз каранды (башкача айтканда кырдаалдык). Башкача айтканда, ар бир адам өзүн чындык деген эмне, жакшы, жаман деген эмне экендигин аныктап, өз алдынча чечүүгө укуктуумун деп эсептейт.
Атүгүл машайакчылардын үй-бүлөлөрүндө балдардын басымдуу бөлүгү экинчи жолду колдонушат. Эгерде сиздин балаңыз өспүрүм куракка жетсе, ал балким субъективдүү-кырдаалдык көз карашты карманышы мүмкүн, же бул жол ага олуттуу таасир этүүгө үлгүргөндүр. Балдарды биринчи жолдун ишеничтүү тарапташы кылыш үчүн биз жакшы жоруктар чындыгында жакшылыкты, ал эми жаман жоруктар жамандыкты алып келерин аныктай билүүсүнө жардам беришибиз керек. Бул үчүн балдардын жетиле элек аң-сезимине жакшы жана жаман иштердин Кудай тарабынан аныкталган чыныгы стандарттары жөнүндө түшүнүктү калыптандырышыбыз керек.
ЧЫНЫГЫ СТАНДАРТТЫ КАЛЫПТАНДЫРУУ
Париж шаарынын четиндеги Севр шаарында өлчөө бирдигин стандартташтырган уюм — Ченемдердин жана салмактардын эл аралык бюросунун штаб-квартирасы жайгашкан. Башкача айтканда, бул бюро бүткүл дүйнөдө өндүрүлгөн метрикалык өлчөөлөрдүн стандарттарын аныктап, аларды ишенимдүү сактайт.
«Жакшы» жана «жаман» деген параметрлерди максималдуу так аныктоону кааласам, Севрде сакталып турган стандартка кайрылмакмын. Эгерде өзүмдүн сызгычымдагы миллиметрдик бөлүктөрдүн аныктыгын тактагым келсе, аларды бул бюронун стандарттары менен салыштырмакмын. Эгерде менин муздаткычымдагы диеталык кока-коланын бөтөлкөсүндө чын эле эки литр суюктук бар экендигин мен тактагым келсе, анда мен анын көлөмүн Ченемдердин жана салмактардын эл аралык бюросунун маалыматтары менен салыштырмакмын.
Мисалы, азыр эле сиздердин өтүнүчүңүздөр менен кыйып салган дарактын бийиктиги жөнүндө талаш-тартыш пайда болду дейли. Кыйылган даракты өлчөп, мен ал бир метр экендигин аныктадым, ал эми сиз өзүңүздүн рулеткаңыз менен өлчөп, анын бийиктиги бир метрге жетпейт деп айттыңыз. Бул жерден кимибиздики туура экендигин кантип билсе болот? Биз Францияда сакталып турган стандартка кайрыла алмакпыз. Ар бирибиз өлчөгөн ченемдердин тактыгын аныкташ үчүн аларды жалпы орнотулган стандарттар менен салыштырышыбыз керек.
Биздин балдар
Эми эмне, же Ким — ушул түп нуска, же стандарт болуп эсептеле тургандыгын аныктоо калды.
Ошондуктан Кудай биздин талкуубуздун катышуучусу болууга тийиш, себеби Кудайсыз адеп-ахлактын объективдүү жана жалпы стандартына келүү мүмкүн эмес. Эгерде чындыктын жана адеп-ахлактуулуктун объективдүү критерийлери бар деп эсептесек, анда алар адамдык акылдан келип чыкпагандыгын таанууга тийишпиз. Адам ойлоп тапкан критерийлер объективдүү боло алышпайт. Ал критерийлер адамдык эмес, башка акылдан келип чыгууга тийиш. Анткени жакшылыктын жана жамандыктын эмне экендигин жөнгө салуучу жалпы эреже бар болсо, ал жеке тажрыйбанын чегинен чыгышы керек. Мындай эреже жеке кызыкчылыктардан ашууга тийиш. Акыры, жалпы чындык — бардык адамзат, бардык бар болуп турган нерселер үчүн жалпы болгон нерсе, же Инсан болууга тийиш.
Мындай шарттарга — Чындыктын жана адеп-ахлактуулуктун стандартына коюлган талаптарга — бир гана Инсан жооп бере алат, бул Инсан — Кудай. Өзүнүн кадырлоого татыктуу ыйыктыгы (биздин китептин алтынчы главасы ушуга арналган) менен катар, Ал бардык чындыктын булагы (Жкн. 16:13 караңыз). «Ал — таяныч. Анын иштери жеткилең, Анын жолдору — чындык. Кудай ишенимдүү, Анда адилетсиздик жок. Ал — акыйкат, Ал — чындык» (Мыйз. 32:4). Көрдүңүзбү? Кудайдын табияты жана Анын мүнөзү чындыкты аныктап, жакшылык менен жамандыктын ортосуна чек коет. Кудай ар убакта бардык жерди жердеген жалпы эл үчүн эмне жакшы, эмне туура экендигин аныктайт. Бирок чындык — бул, Ал чындык деп аныктап жаткан нерсе эмес.
Биз адеп-ахлактуу деп эсептеген бардык нерсенин негизи, ар кандай жыргалчылыктын булагынын негизи — түбөлүктүү Кудай. Ал Өзүнүн улуулугу менен бизден ашкан, башкара алган жана бизди жеңе алган Кудай. Элчи Жакып мындай деп айткан: «Ар кандай жакшы нерсе, ар кандай жеткилең белек жогорудан, жарыктын Атасынан келет. Анда эч кандай өзгөрүлүү жок, өзгөрүлүүнүн көлөкөсү да жок» (Жкп. 1:17).
Көпчүлүк ата-энелер бул бөлүмдүн башында баяндалган окуядагы атага окшош болушат. Алар дагы ошол атадай болуп,
Биздин Жаратуучубуз — адилеттүү Кудай болгондуктан, «адилеттүүлүк» жана «адилетсиздик» деген түшүнүктөрдүн бар экендигине ишенебиз.
Бизди жараткан Кудай
Кудай
Кудай
Көптөгөн балдар анык нерсени жасалмадан, чындыкты жалгандан, адеп-ахлактуулукту адеп-ахлаксыздыктан айырмалай алышпайт, себеби алар өздөрүнүн бул категорияларга болгон мамилелерин жана жүрүм-турумдарын анык стандарттар менен салыштырышпайт. Биз бардык нерселерди таразалоочу Кудайдан баш тарткан заманбап коомдун терс таасирине туш болдук. Коом Чындыктын булагын кабыл албай, жакшылыктын жана жамандыктын жеке критерийлерин ойлоп табууга аракеттенүүдө.
Баласынын «эмне үчүн?» деген суроосуна Риктин берген түшүнүксүз жообу — Кудайдын туруктуу мүнөзүнө багыт алдырбастан, өзүнүн жеке түшүнүгүн колдонуп, жакшылык деген эмне, жамандык деген эмне экендигин жеткирүүгө аракет кылгандар үчүн адаттагы көрүнүш. «Сенин туура эмес иш кылганыңды экөөбүз тең билебиз!» — деп айтканыңыз баланы ынандырбайт. Адамдын туура эмес иш кылгандыгын менин, же сиздин пикириңиз эмес, жамандык менен жакшылыктын эмне экендигин биротоло аныктап койгон Кудайдын мүнөзү далилдейт.
БАЛДАРДЫ ОЙЛОНУУГА МАЖБУРЛАҢЫЗ
Өзүмдүн өспүрүм балдарым татаал маселенин үстүндө ой жүгүртүп, туура чечим чыгарышы үчүн алар менен ар кандай түрдөгү талкуу жүргүзүүнү убагында эреже кылып алгам. Иш сапарларына барып келгенимден кийин, балдарды жакын аралыктагы кичинекей ресторандардын бирине эртең мененки тамактанууга чакырчу болгом. Ал жакка бара жатканда (же биз бекон кошулган жумуртканы чайнап жатканыбызда) мен адеп-ахлактуу тандоону талап кылуучу кырдаалды талкуулоону сунуштачумун. Мен сунуштаган кырдаалды талкуулап жатып, балдар менен аракеттердин кайсы түрү Кудайдын мүнөзүнө жана Анын мыйзамына каршы келбестигин аныктоого аракет кылабыз. Мындай талкуулардын идеясы — кырдаалды ар кандай өңүттөн карап, тандоонун адеп-ахлактуулугунун себеби Кудайда деген чечимге келүү эле.
Баарынан мурда, биз талкуу кылып жаткан кырдаалга Кудайдын кайсы мыйзамын, же кайсы насаатын колдонуу керектигин аныктап алышыбыз керек. Бирок биз үчүн көбүрөөк маанилүүсү — Кудайдын мүнөзүнөн келип чыгуучу бул мыйзамдын кандайча пайда болгону жана Кудайдын сүйүүсүн жана Анын биздин жыргалчылыгыбыз жөнүндө кам көрүүсүн кантип чагылдыра тургандыгын түшүнүү.
Менин максатым адилеттүү мыйзамды колдонуп эле тим болбостон, биздин кандай кудуреттүү Кудайга кызмат кылып жатканыбызды да балдарга көрсөтүү эле. Бул аркылуу аларды жер жүзүндө жашаган бүткүл эл үчүн бардык убакытта жакшы жана туура болуп эсептелген жалпы чындыкка баа берүүгө үйрөтүүгө болот.
Мен күндөрдүн биринде 1993-жылы тартылган Стивен Спилбергдин «Шиндлердин тизмеси» деген фильмине он үч жашар кызымды жана он жети жашар баламды, анын курбу кызын алып баргам. Ал убакта элдин баары ошол фильм жөнүндө айтып жаткандай сезилген. Картина жети Оскар алган, анын ичинде эң мыкты фильм жана эң мыкты режиссерлук иш үчүн ушул сыйлык ыйгарылган. Фильмде нацисттик Холокост убагында бир миң эки жүз Польшалык еврей качкындарынын өмүрүн сактап калган немец бизнесмени Оскар Шиндлер жөнүндө сөз болот.
Кинотеатрдын залынан биз кабагы салыңкы жана тынчсызданган адамдардын арасында чыгып келаттык. Алардын көбү нацисттер тарабынан еврейлерге карата жасалган жырткычтык иштер тууралуу ой-пикир алмашып жатышты.
— Шон, — деп суроо бердим мен, — Холокостту сен адеп-ахлаксыз жана таптакыр жаман көрүнүш деп эсептейсиңби? — Ал ойлонбостон жооп берди:
— Ооба.
Коңшулаш шаарчага түшкү тамактануу үчүн барууга машинага отурганыбызда, мен суроомду дагы кайталадым.
— Кинотеатрдан чыгып жаткан ар бир адам Холокостту таптакыр жаман иш деп айтып жатышты, — дедим мен. — Бирок көрүүчүлөр кайсы негизде мындай жыйынтыкка келишти? Холокосттун
Биз ресторанга келип, тамактануу убагында талкуубузду уланттык.
— Эмне үчүн көпчүлүк америкалыктар бойдон алдырууга болот деп эсептешет? Себеби Америка жарандарынын басымдуу бөлүгү, ошондой эле Конгресс жана Жогорку сот муну туура деп эсептейт. Эгерде көпчүлүк бойдон алдыруу кадыресе иш, деп ойлошсо, анда кабатыр болуунун кажети жок, ушундайбы? Мына, көйгөйдүн баары ушунда болуп жатат, — деп түшүндүрдүм мен. — Эгерде көпчүлүктүн пикирин чындыктын критерийи катары кабыл алсак, анда Холокосттун жүрүшүндө алты миллион еврейди «бойдон алдыруу» (өлтүрүү) жаман деп биз эмне үчүн ойлоп жатабыз? Чындыгында, дал ушул аргументти нацисттер Нюрнберг процессинде коргоочу аргумент катары алып чыгышкан. Алар төмөндөгүчө далилдешкен: «Башка маданияттын өкүлдөрү, биздин кылгандарыбызды соттогондой, силердин кандай укугуңар бар? Ошол жылдары биздин коомчулук “туура” деп эсептеп жаткан иштерди аткарбадыкпы?» Өкүм чыгарып жатып, трибунал конкреттүү коомчулуктун пикиринен жогору турган жана жакшылык менен жамандыктын эмне экендигин аныктаган маданий салттардын үстүнөн басымдуулук кылуучу принциптердин бар экендигине таянган. Ошондой эле, — деп кошумчаладым мен, — азыркы күндө адеп-ахлактуулук деп аталып жаткан нерселердин көпчүлүгү иш жүзүндө — кадимки прагматизм (пайданы көздөөчүлүк). «Эгерде нацистердин кылгандарын соттобосок, — деп ойлошот адамдар, — алардын бизге дагы ушундай мамиле кылышына ким тоскоол боло алат?» Албетте, алардыкы туура: адеп-ахлактуулуктун объективдүү критерийлеринин зарыл экендигине коомчулуктун көзү жетип турат, бирок чыныгы адеп-ахлактуулуктун ченемдерине келе албай жатышат, себеби алардын Түпкү булагын кабыл алуудан баш тартышкан.
Болжол менен эки саат талкуулашкандан кийин, мен балдарды ачылышка алып барууга мезгил келди деп чечтим.
— Бүгүнкү силер көргөн трагедиянын
— Ушундай экендигин мен билем, бирок эмне үчүн экендигин билбейм, — деп жооп берди Шон.
— Менден, биздин үй-бүлөбүздөн, ар бир адамдан артык болгон чындык бар, — деп сөзүмдү уланттым мен. — Бул Кудайдын инсандыгынан келүүчү, адам өлтүрүүгө карата адилеттүү мамиле. Өлтүрүү бул күнөө, анткени Кудай бар, Кудай өмүрдүн Жаратуучусу жана Сактоочусу. Ал өмүр жөнүндө «Жакшы», — деп айткан, өмүрдү коргоого буйрук берген жана өлтүрүүгө тыюу салган Инсан.
Ошол күнү кечинде, өзүмдүн балдарыма жана уулумдун курбу кызына Кудай — өмүрдүн Түпкү булагы, өмүрдүн үстүнөн бийлиги бар, өмүрдү берүүгө, аны алып коюуга укугу бар жалгыз Кудай экендигин эскерттим.
«ТӨРТ П ЫКМАСЫ»
Мен балдарга айтып берген жыйынтыктар башка этикалык маселелерге да тийиштүү. Жогоруда айтылып өткөндөй эле, жалгандык жана уурулук Кудайдын акыйкаттуулугунун негизинде терс кабыл алынат. Адилеттүүлүк Кудайдын калыстыгынын негизинде колдоого алынат. Жек көрүү кемчилик болуп саналат, себеби Кудай — сүйүү. Кечирим туура, себеби Кудай — боорукердик. Сексуалдык жактан бузулгандык — бул адеп-ахлаксыздык, себеби Кудайдын Өзү ишеничтүү жана жеткилең. Жогоруда аталып өткөндөр коомдун, же Жыйындын чечими менен«жакшы», «жаман» деп жарыяланган жок. Бул көрүнүштөр Кудайдын табиятына жана мүнөзүнө туура келет же карама-каршы келет.
«Шиндлердин тизмеси» аттуу фильмди балдарым менен талкуулагандан эки жыл өткөндөн кийин «Жамандан бөлүнгөн жакшылык» деп аталган кампанияны баштадым. Ушул убакта китеп басып чыгаруучулардан турган командам менен бирге балдарды адеп-ахлактык жакшылыкты жамандыктан айырмалап билүүгө үйрөтүүнүн жөнөкөй ыкмасын иштеп чыктым. Бул ноу-хау «Төрт П ыкмасы» деген аталышты алды. Жүз миңдеген үй-бүлөлөр бул ыкманы колдонушуп, азыркыга чейин балдарына чыныгы жакшылыкты ага карама-каршы болгон чыныгы жамандыктан айырмалоо жөндөмүнө ээ болууга жардам көрсөтүп келе жатышат.
Рик менен Аарондун үй-бүлөлүк кырдаалын мисал катары талкуулайлы: ууру кылууга болбой тургандыгын (атүгүл, репутациясы начар дүкөндөн дагы!) атасы уулуна кандайча түшүндүрө алмак:
«Төрт П ыкмасы» чечим кабыл алуунун төмөнкү төрт этабынан турат:
1. Өзүңүздүн тандооңүзду
2. Кудайдын пикирин
3. Кудайдын эркине баш ийип
4. Кудайдын колдоосуна жана коргоосуна
Күн сайын биз ондогон чечимдерди кабыл алабыз жана алардын көпчүлүгүндө дээрлик ойлонбойбуз. Биз канчада туруу, кандай кийинүү, эртең менен кандай тамактануу, жумушка же мектепке чейин кайсы маршрут менен баруу, кайсы жерге машинаны токтотуу керек экенидигин тандайбыз. Бул бардык чечимдерди кабыл алуу биздин убакытыбызды деле албайт.
Бирок адеп-ахлактык тандоо жөнүндө сөз болгондо, биз токтоп, жолдун айрылышында турганыбызды баамдоого тийишпиз.Бир аз калп айтып коюу, көбүрөөк жактыргандай түр көрсөтүү, эгерде балдарга тийиштүү айтсак — бирөөлөрдүн жоопторун «колдонуп», өз көрсөткүчтөрүңдү жакшыртуусыяктуу тандоолордун алдында туруп, жасап жаткан аракетибиздин канчалык олуттуу экендигин көп учурда эске албайбыз. Туура адеп-ахлактык чечим чыгаруу үчүн биринчи кезекте, — туура же туура эмес чечим чыгаруу мүмкүндүгү жөнүндө ой жүгүртүшүбүз керек — буга жетиштүү убакыт талап кылынат.
Аарон атасына өзү сатып алган видеокамера башында эле начар иштегени, сапатсыз товарды дүкөндүн администрациясы алмаштыруудан баш тарткандыгы, мындан улам өзүнүн капалангандыгы жөнүндө атасына айтып берди дейли. Рик «Төрт П ыкмасын» пайдаланып, уулун «камераны уурдоо — жаман иш» (атүгүл репутациясы начар дүкөндөн дагы!) деген чечимге кантип келтире алмак?
— Ата, мен камераны дүкөнгө алып бардым, бирок ал жактан алмаштырып бербей коюшту жана бардыгы үчүн мени күнөөлөп жатышат, — деп капаланат Аарон. — Аны өзүң бузуп койдуң деп айтышты, бирок андай эмес. Ошондуктан эч ким көрбөй турганда, мурунку мага атайын берип койгон бузук камеранын ордуна жаңы камераны алып кетем. Алар мени алдап койгондугу үчүн качандыр жооп берүүгө тийиш, туурабы ата?
— Сен туура айтып жатасың балам, — деп жооп берет Рик, — алар сага адилетсиз мамиле кылышкан. Бирок сен азыр токтолуп, алдыңда турган тандоо жөнүндө мүмкүн болушунча ойлонушуң керек. Анткени сен туура же туура эмес дагы чечим чыгарышың мүмкүн. Бирок сен ката кетиргиң келбейт, чынбы? Себеби ар бир тандоо өзүнүн натыйжасын алып келет.
Көп убакыт мурда Кудай жараткан эң алгачкы эки инсандын бирөө туура эмес тандоо кылып алган. Анткени ал (тагыраак айтканда Обо) өз тандоосун Кудайдын насааттары менен салыштырган эмес. Обо мүмкүн болгон эки чечимдин кайсынысы туура экендиги жөнүндө жетишерлик ойлондум деп чечкен, бирок ал Жаратуучу менен акылдашканды унутуп койгон. Башка адамдын пикирине көңүл буруу жөндөмдүүлүгү — жакшы мамилелердин ажырагыс бөлүгү. Бул кырдаал Обонун Кудай айрым мөмөлөрдү жегенге тыюу салып жатып, анын кызыкчылыгы үчүн кам көргөндүгүнө ишенгендигин билдиреби? Же Кудайдын сөздөрүнөн аны өз алдынча чечим чыгаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууга багытталган өзүмчүл каалоону көрдүбү?
Обонун катасы — өз мотивациясын жана аракеттерин Кудайдын мотивациясы менен салыштырбагандыгында. Обо өз тандоосун Кудайдын насааттары аркылуу текшериши керек эле. Анткени бул насааттар иш жүзүндө Обонун кызыкчылыктарын көздөгөн. Чындыгында, ал жакшылыктын жана адилеттүүлүктүн жалпы стандарты катары өзүн эмес, Кудайды таанышы керек болчу.
Биздин методду колдонуп Рик, Ааронго төмөнкүчө айта алмак:
— Уулум, мен билем, сен бул адилетсиздикке капа болуп жатасың. Дүкөндүн кызматчысы сага бузулган камера сатып, туура эмес кылды. Чындыгында сен алдамчылыктын курмандыгы болуп калдың.
— Чын эле, ата, — деп Аарон атасы менен макул болмок. — Бул жолкусу сеники туптуура.
Рик каткырып, улантмак:
— Биз минтип деле айтсак болмок: «Эгерде дүкөндүн кызмачылары өздөрүнүн калпын мойнуна алуудан баш тартып жатышса, биздин аларды катасын мойнуна алууга мажбурлоого жана чынында бизге эмне тийиштүү болсо, ошону алууга укугубуз бар».Туурабы, уулум?
— Туура, — деп кубанат Аарон. — Мындан тышкары, бул дүкөндө көптөгөн камералар бар, эгерде алардын бирөөнү биз алып алсак, байкабай калышат.
— Адегенде, туура сөздөй угулат, — деп баласына айтат Рик. — Адилеттүүлүк жөнүндө
Мындай билдирүү менен Рик чындыкты издеп жаткан уулун анык Стандартка багыттамак. Аарон бирөөгө бересе болуп калган жактын бир нерсесин тартып алууга болот деп ойлойт. Бирок ушундайча ой жүгүртүү аркылуу, ал иш жүзүндө Кудайдын бийлигин өзүнө таандык кылып жатат. Эмне адилеттүү, эмне адилетсиз экендигин суверендүү Сот — Кудай гана Өзүнүн табиятынын жана репутациясынын негизинде чече алат.
Кудайдын сөзү бизди төмөнкүлөргө чакырат:
• Уурдабагыла.
• Калп айтпагыла.
• Бири-бириңерди алдабагыла.
• Өз жакындарыңарды таарынтпагыла, тонобогула (Леб. 19:11, 13).
Кудайдын абийирди сактоо жөнүндө насааты Анын табиятынан келип чыгат. Кудайдын мүнөзү — чындык жана адилдик. Ыйык Жазууда мындай деп жазылган: «Кудай ишенимдүү, ал эми ар бир адам калпычы» (Рим. 3:4). Кудайдын табияты чындык болгондуктан «Кудайга калп айтууга мүмкүн эмес» (Эвр. 6:18). Өзүбүздүн чечимибизди Анын насааттарына салыштырып, Анын суверендүү бийлигин тааныйбыз. Ал кайсы гана болбосун адеп-ахлактык тандоого карата эмне туура, эмне туура эмес экендигин аныктайт. Эгерде биз Кудайдын мүнөзүн эске алып, адеп-ахлактык тандоо кылсак, анда биздин тандоо тунук ачыктыкка ээ болот. Биз карап жаткан мисалда, электроника дүкөнүнүн чынчыл эмес сатуучуларынан жапа чеккен күндө да, чынчыл боюнча калуу керек.
Кудайдын эркине баш ийип жашоого караганда бул жөнүндө сөз менен айтуу оңой. Анткени мындай жашоо — биздин жашообуздун эрежелерин, биз эмес Кудай аныктайт деген фактыны таанууну талап кылат. Азыркы күндө өз алдынча туура чечимди кабыл алуу идеясы көп адамдарды кызыктырат. Бул идея: «Бизде бийликтик ыйгарым укуктар бар», — деген жаңылыш пикирди пайда кылат. Мындай өз алдынчалык Кудайдын мүнөзүнө туура келгенине, же каршы экендигине карабастан, өз көз караштарын жана иш-аракеттерин актоого мүмкүндүк берет.
Адеп-ахлактык маселелерди өз алдынча чечүү мүмкүнчүлүгү адамга көз карандысыздыкка жана чексиз мүмкүнчүлүктөргө ээ болгондой сезимди берет. Мындай тажрыйбадан баш тартуу оңой эмес.
— Аарон, сенин дүкөндөн камераны уурдайын деп жатканың сага адилеттүү нерсе болуп сезилиши мүмкүн, — деп Рик сөзүн улантат. — Сенин чечимиң Кудайдын чынчылдык стандартына карама-каршы келет. Эгерде сен «чынында мага тийиштүү», — деп эсептеген нерсени эч кимге көрсөтпөй алып алсаң, бул баары бир алдамчылык жана туура эмес иш болуп кала берет. Мындай учурда сен соттун, сот арачыларынын жана сот өкүмүн аткаруучунун ролдорун талашкан болосуң. Ал эми Кудай булар Анын милдети экендиги жөнүндө мындай айтат: «…аларды жазалап, алардан өчүмдү алам…» (Мыйз. 32:35). Кудай бизге:«…жамандык ойлобо, кек сактаба…» — деп айтат (Леб. 19:18).
— Ата, бул баары бир адилетсиздик да, — деп Аарон каршы болот.
— Ооба, адилетсиздик, — деп Рик макул болду. — Бирок жашоодо адилетсиздик көп кезигет, анын баарын биз Кудайга тапшырышыбыз керек. Мисалы, Ыйсага, албетте, адилетсиз мамиле кылышкан, бирок Ыйык Китеп мындай дейт: «Кордошкондо, Ал кордоо менен жооп берген эмес. Азап тартканда, эч кимди коркуткан эмес, бирок адилет Сотко тапшырган» (1 Пет. 2:23). Ошондой эле, — деп сөзүн улантат Рик, — сен электроника дүкөнүнүн тагдырын чечүүгө анын Чыныгы ээсине мүмкүнчүлүк бергениңде, Кудай сени адилдигиң үчүн сыйлайт, сен мындан күмөн санабасаң болот. Ыйык жазууда мындай айтылган: «Эгерде чындык үчүн азап тартып жатсаңар, анда силер бактылуусуңар» (1 Пет. 3:14).
Эгерде биз Кудайдын бийлигин момундук менен кабыл алсак жана ага кызмат кылууга даяр болсок, анда жакшылыкты жамандыктан катасыз эле айырмалап эле калбастан, Кудайдын колдоосуна жана коргоосуна таяна алабыз. Бул биз кубанычтуу жана бейпил жашап калабыз дегенди билдирбейт. Кудай эч жашырбастан, чындык үчүн кыйынчылык көрөсүңөр, бирок бул кыйынчылык үчүн акырында сыйланасыңар деп ачык айткан. Кудайдын эрки менен жашоо көптөгөн рухий баталарды алып келет: күнөөлүүлүк сезимден эркин болуу, таза абийир жана Кудайды кубандыруудан ырахат алып жашоо.
Эгерде биз Кудайдын эркине баш ийип жашасак, бизге көптөгөн жагымдуу сезимдер, ошондой эле физикалык, эмоциялык, психологиялык жана социалдык артыкчылыктар берилет. Албетте, Кудайга тил алуунун негизги мотивациясы Кудайдын колдоосу жана коргоосу гана болбош керек — биздин багынуубуз сүйүүнүн жана ишенимдин жыйынтыгы болууга тийиш. Бирок, тил алуудан келип чыгуучу тажрыйбалык жана рухий артыкчылыктар, албетте, эмне жакшы жана эмне жаман экендигин тандообузга жакшы түрткү болот.
Кудайдын чынчылдык стандартына ылайык жашоо Андан колдоо жана коргоо алып келе тургандыгын Аарондун түшүнүшүнө жардам берүүгө Риктин мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бул коргоо, бери дегенде, төмөндө баяндалган төрт деңгээлде ишке ашырылат:
• күнөөлүүлүк сезимден коргоп, таза абийири менен Кудайдын алдында Аны менен тынымсыз баарлашуудан ырахат алууга мүмкүндүк берет,
• уялуудан коргоп, аткарылган милдетин билип ырахат алууга мүмкүндүк берет,
• калп айтуудан коргоп, тартиптүү адам болуудан ырахат алууга мүмкүндүк берет,
• бузулган мамилелерден коргоп, бири-бирине ишенүүдөн ырахат алууга мүмкүндүк берет.
Эгерде туура тандоого мүмкүндүк берүүчү сыр бар болсо, анда бул — Кудайдын биздин кызыкчылыгыбыз жөнүндө ар дайыма кам көрө тургандыгына терең ишеним. Балдарды, мээримдүү Кудай аларды өздөрү элестеткенден да артык жакшы көрөөрүнө ишендириңиз. Алар буга чын жүрөгү менен ишенгенде, Кудайдын чынчыл, күнөөсүз болуу, айланасындагы адамдарды жакшы көрүү жана сыйлоо, кайрымдуулук кылуу, кечиримдүү, сабырдуу болуу жөнүндөгү насааттарын сактай алышат. Кудайга баш ийүүжөн гана бересе, же милдет эмес — ал «Биз менен баарлашууну аябай каалаган Кудайдан» келген бата (Чыг. 34:14, NLT). Бул чындыкты жеке жашооңуздун ажырагыс бөлүгү кылып, аны балдарыңыздын дагы кабыл алышына жардам бериңиз[24].
~10~
Сегизинчи милдет
Балага кудайдын интимдик мамилелерге карата көздөмүн түшүндүрүүгө аракеттенүү
Ал менин ийниме колун тийгизип:
— Макдауэлл мырза, чыгып сүйлөгөн сөзүңүз үчүн чоң ыракмат. Мындайды мурда эч укпагам. — Мен «Секс жөнүндө айкын фактылар» деп аталган семинарды жаңы гана өткөрүп бүткөн элем. Бул аял жаңы алган маалыматтарды өзүнүн үй-бүлөлүк жашоосунда «колдоно» тургандыгын мага айткысы келип жаткан. Ал сөзүн дагы улантты: — Уулум менен олуттуу түрдө сүйлөшүүгө күйөөмдү ынандырууга тийишмин.
Кабатыр болгонумду билдирбөөгө аракеттенип, мындай деп кызыга сурадым:
— Кечиресиз, уулуңуз канча жашта?
— Он үчтө, — деп жооп берди ал.
Дагы эле таң калбагандай түр менен:
— Ушул убакка чейин уулуңуз менен секс темасында сүйлөшө элексиңерби? — деп сурадым.
Аял мындай жооп берди:
— Бизде … андай мүмкүнчүлүк болгон эмес.
«Олуттуу түрдө сүйлөшүү» эски убактан калган түшүнүк. Менин пикирим боюнча, мындай «сүйлөшүүлөрдү» сунуш кылмак эмесмин. «Journal of Family Issues» журналында: «Өткөн жылда өспүрүмдөрдүн жарымы апасы менен, ал эми үчтөн бир бөлүгү атасы менен секс темасында бир жолу “олуттуу сүйлөшүүлөр” болгон деп эсептешет», — деп жазылган[25].
Урматтуу аталар, балдар менен секске байланыштуу темада бир жолку «олуттуу сүйлөшүү» көйгөйдүн бир бөлүгүн дагы чечпейт, демек, пайдасыз. Мунун ордуна балдарга бул темага арналган маалыматты бара-бара, өлчөмү менен, бирок үзгүлтүксүз түрдө жеткирүүнү сунуштар элем. Башкача айтканда, көйгөйдү анын пайда болушуна жараша чечүү зарыл. Кичинекей балдар кыска маекти гана колдоп, түшүнө алышат. Алар тез унутушат, ошондуктан сиздин «олуттуу сүйлөшүүңүз» алардын эсинен чыгып кетиши мүмкүн. Сексуалдык билим берүү «азыр бир сөз, кийин бир сөз» деген мүнөздө болууга тийиш: азыр 30 секунда, кийинчерээк 1 минута; бул жерде 10 секунда, тигил жерде 2 минута 45 секунда — канчалык эрте баштасаңыз, ошончолук натыйжалуу. Бул темада сүйлөшүүгө мүмкүндүк түзүлүп калган болсо, учурдан пайдаланып, бир нече сөз айтып, башкага темага өтүп кетиңиз. Секс темасынын маанисин өтө күчөтпөңүз. Биздин үй-бүлөбүздө балдар менен секс темасындагы бардык сүйлөшүүлөрүбүздүн жарымы эки минутадан ашчу эмес. Көпчүлүк балдардын секс темасына болгон кызыгуусунун бир нече этабы болору байкалат. Балдар дароо ачылып сүйлөшпөйт. Ачык сүйлөшүүгө даяр болуу — ата-эненин балдары менен алар чоңойгонго чейин ар дайым сүйлөшүп туруусунун натыйжасында калыптанат.
Балдар ачык сүйлөшүүнү каалай турган учурга даяр болууга тийишсиз, анткени бул сүйлөшүү сиз үчүн эң күтүлбөгөн жана ыңгайсыз убакта келип чыгышы мүмкүн.
«Кантсеңер дагы, — дейт менин бойго жеткен уулум Шон, — ата-энем менен секс жөнүндө качан биринчи ирет сүйлөшкөнүм эсимде жок. Анткени, бул тема биздин үй-бүлөбүздө жашоонун табигый бир бөлүгү катары каралчу. Бул жөнүндө күн сайын сөз кылчубуз деп айта албайм. Бирок кайсы жерде гана суроо пайда болбосун: машинадабы, уктаардабы — бул теманы башка темалардай эле талкуулачубуз. Ошондуктан мен бир дагы “олуттуу сүйлөшүүнү” эсиме түшүрө албайм»[26].
ИНТИМДИК МАМИЛЕЛЕРГЕ КАРАТА КУДАЙДЫН КӨЗДӨМҮН ТҮШҮНДҮРҮҢҮЗ
Эгерде «олуттуу сүйлөшүүлөр» өзүн актабаса, анда кыскача маектер кандайча жана эмне жөнүндө болууга тийиш? Сиз ата катары, балаңыздын интимдик мамилелерге карата Кудайдын көздөмү кандай экендигин түшүнүшүн жана бул жөнүндөгү маалыматты сизден алышын каалайсыз.
Балдар өздөрүнүн башка жыныстагыларга тартылып турганын тез эле байкашат. Кудай эркек менен аялды жаратып жатканда, аларга ушул табигый тартылууну берген. «Ошондуктан адам ата-энесин таштап, аялы менен биригет. Ошентип, экөө бир дене болот» (Башт. 2:24). Биздин жакын мамилелерди каалообуз жана аларга муктаждыгыбыз бир гана Кудай бар экендиги менен түшүндүрүлөт (Мыйз. 6:4 караңыз). Нике жана эркек менен аялдын ортосундагы жакын мамилелер Кудайдын мүнөзүн жана бирдиктүүлүгүн чагылдырып турат. Секс — бул Кудайдын баалуу белеги, ал адамга сүйүүнүн интимдик жагы менен ыракаттанууга мүмкүндүк берет.
Иш жүзүндө, кээ бирибиз «секс» — булганыч сөз деген ынаным менен чоңойгонбуз жана мындай бурмаланган түшүнүктү өзүбүздүн никебизге ала келгенбиз. Мындай кырдаалда «булганыч» нерсе жубайлардын жакын мамилесине өбөлгө түзөт деп айтыш кыйын. Ошондой болсо дагы, жакындык — Кудайдын секске байланыштуу көздөмүнүн бир бөлүгү.
Бул чындык атүгүл биологиялык деңгээлде далилденет. Окумуштуулар
Көпчүлүк балдарда секстин эмнеге арналгандыгы жөнүндө айкын түшүнүгү жок. Кээ бири секс денелик жакындыкка гана багытталган деп ойлошот. Чындыгында эле, кыска убакытка, секс денелик жакындыкты сезүүнү берет. Бирок ал жубайларды өмүр бою денелик, эмоциялык, рухий жана социалдык жактан бириктирүүгө багытталган. Ошондуктан Ыйса мындай деп айтат: «Эми алар эки эмес, бир дене. Ошондуктан Кудай кошконду адам ажыратпасын» (Мт. 19:6). Демек, эркек менен аял бири-бири менен жакын болууга өз өмүрлөрүн арноого даяр болушканга чейин, бул максатка багытталган мамилелерге кирбей турганы оң.
Урматтуу аталар, сиздер балдарыңыздарга муну түшүндүрүүгө тийишсиздер: секс — бул эки башка жыныстагы адамдардын бири-бирине тартылуусунун натыйжасы жана Кудайдын никеге турган эркек менен аялдын ортосунда жакындыкты орнотууга арнаган эң жакшы белеги. Кээ бир адамдар секстин маанисин бурмалап, ал жөнүндө туура эмес түшүнүк жаратып жатышат, бироксекс — кандайдыр бир булганыч нерсе эмес. Заманбап маданияттын талкалоочу таасири сексти — жакшы белекти бурмалап жаткандыгынан улам гана, андан чумадан корккон сыяктуу качуунун зарылдыгы жок. Сексти жана адамдын сексуалдуулугун Кудайдын көздөмүнүн деңгээлине чейин көтөрүңүз. Акыры, секс — Кудайдын көздөмүнүн бир бөлүгү жана Кудай бизди сексуалдуу кылып жараткан.
Кудай сексти эркек менен аялдын денелик, эмоциялык, рухий жана социалдык биримдигин бекемдей турган фактор катары жараткан. Бул байланыштыруучу фактор кайталануучу табиятка ээ. «Сексуалдык аппетит» тамактануудагы аппетит сыяктуу эле улам-улам жана кээ бир адамдарда күчтүү сезилиши мүмкүн.
Жакындык — секстин өтө маанилүү бөлүгү, бирок жубайлык мамилелерден ыракат алуу — башка нерсе. Секс өмүрлөрүн толугу менен бири-бирине арнаган, сүйүшкөн жубайларга суктанарлык эмоцияларды берүүгө тийиш.
Балдарга жөнөкөй жана жеткиликтүү сөздөр менен Кудай сексти ыракаттануу үчүн бергендигин түшүндүрүңүз. Балдарыбыз чоңоюп калгандан кийин, алардан апасы менен мамиледе болуу мен үчүн кандай кубаныч экендигин жашырбай айтчумун. Албетте, балдарга өздөрүнүн оюнда ата-энесинин сексуалдык мамилелерин элестетүүнүн зарылдыгы жок. Бирок алардын муну билишин каалагам: сексуалдык мамилелер жубайлардын жагымдуу, ошол эле убакта суктанарлык жакындыгы катары жаратылган. Ошондуктан балдарга Дотти экөөбүз Кудайдын ушул белегинин үзүрүн көрүп, өзгөчө бактылуу жашап жатканыбызды кылдат билдирчүмүн. Айтмакчы, сизге Кудайдын жубайларга секс аркылуу кубаныч тартуулоого болгон умтулуусун Ыйык Китеп аркылуу далилдөө зарыл болсо, «Ырдын ыры» китебинин7-бөлүмүн кайра окуп чыгыңыз.
Кудайдын биринчи жубайларга — Адам менен Обого алгачкы айтканбаталарынын бири: «тукумдагыла, көбөйгүлө» (Башт. 1:28). Бул адамзатка берилген осуяттардын арасынан эң жагымдууларынын бири болсо керек! Бул осуят аткарылбаган болсо, жер жүзүндө адамзаттын тукуму уланмак эмес. 28-аяттын башында мындай деп айтылат: «Анан Кудай аларга мындай деп батасын берди: “Укумдап-тукумдагыла…” Бул буйрукту аткаруунун натыйжасы катары балдардын төрөлүшү — ачыктан-ачык бата. Сулайман падыша мындай деп айткан: «Карылардын таажысы–балдарынын балдары, балдардын даңкы — ата-энелери» (Нак. 17:6).
Бири-бириңизге болгон сүйүүнүн, жакындыктын натыйжасында — түбөлүккө сиздин уулуңуз, же кызыңыз болуп аталуучу дагы бир баа жеткис өмүр пайда болгонун билүүдөн артык кубаныч жок чыгар. Албетте, баланы төрөп, тарбиялоо азыркы күндөрдө чоң көйгөйлөр менен коштолот. Бирок, үй-бүлө күтүүгө болгон мүмкүндүк — кандай гана таң калыштуу артыкчылык жана бата! Балдарыңыз өздөрүнүн бул дүйнөгө интимдик мамиленин — Кудайдын берген белегинин натыйжасында төрөлгөнүн билишсин.
Балдар муну түшүнүүгө тийиш: Кудай сексти балдар чоңоюп, жетилген адам болгондон кийин, алардын никедеги мамилелерине бата катары тартуулайт. Алар Кудай интимдик мамилелерди кандай көздөм менен жаратканын түшүнүшсүн. Анын бул белегин туура пайдалануу үчүн эрежелер менен таанышуулары зарыл[27]. Кудайдын көздөмүнө ылайык, интимдик мамилелердин бир шарты бар, ал — Кудай орноткон эрежелерди аткаруу. Эгерде бул эрежелер аткарылса, Кудайдын бул белеги көп кубаныч тартуулайт. Ал эрежелер аткарылбай, бузулган болсо, өтө кайгылуу натыйжаларга алып келет. Ушул себептен интимдик мамилелерге карата Кудайдын көздөмүнө урматтоо менен мамиле кылууга балдарды үйрөтүүнү максат кылып жатабыз.
ИНТИМДИК МАМИЛЕЛЕР ЭМНЕГЕ АРНАЛГАН?
Аквариумдагы балыкты мойнунан байлап, сейилге алып чыктыңыз беле? Түндүк уюлунда финик пальмасын өстүрүп, же кадимки отвертка менен крест түрүндөгү оюгу бар шурупту бурап киргизип көрдүңүз беле? Буларды кылам деп аракеттенбеңиз — көйгөйдөн башка эч нерсе чыкпайт. Эмне үчүн? Анткени балыктар парктын аллеясында сейилдөө үчүн эмес, сууда сүзүү үчүн жаратылган. Эгерде балык Жараткандын көздөмүнө ылайык жашоодон толугу менен ыракат алгысы келсе, ал өзүнө ылайык берилген чөйрөдө, башкача айтканда, сууда жашоого тийиш. Пальмалар жыл бою ысык климатта өсүүгө арналган. Булар тропикалык өсүмдүктөр. Жараткан көздөгөндөй жашаш үчүн пальмалар Түндүк уюл сыяктуу климаттык зоналардан алыс болгону оң. Эгерде туура эмес отвертка колдонулса, атүгүл дубалга крест түрүндөгү оюгу бар шурупту бурап киргизүү сыяктуу жеңил жумушту аткарыш кыйын болушу мүмкүн.
Өсүмдүктөр менен жаныбарлардай эле, механизмдер дагы максималдуу натыйжа берүү, же жашоого жөндөмдүү болуш үчүн өздөрүнүн конструкциясына, же биологиясына ылайык жашашы, же иштетилиши керек. Бул эки көбөйтүлгөн экиге — төрткө барабар дегендей эле, жөнөкөй түшүнүк.
Балдар Кудайдын ар бир долбоору өзүнчө максатка арналгандай эле, секс дагы кандайдыр максатка арналып жаратылганын билүүгө тийиш. Секс — жубайлардын романтикалык мамилелерин бекемдөөгө, алардын мамилелерине кубаныч жана денелик ыракаттануу алып келүүгө жана бир, же бир нече балалуу, сүйүүгө негизделген үй-бүлө курууга мүмкүндүк берүүгө арналган, кереметтүү белек. Эгерде Кудайдын интимдик мамилелерге карата көздөмүнө урматтоо менен мамиле кылсак, секс — Кудай жараткан эң жакшы белектердин бири.
Анын көздөмүнө кандайча урматтоо көрсөтө алабыз? Эгерде секс жакындык, ыракаттануу жана тукум улоо үчүн жаратылган болсо, анын бардык артыкчылыктары менен кантип максималдуу түрдө пайдалана алабыз? Кудайдын жообу Анын сексти белгилүү чектер жана эрежелер менен коргоп койгондугунда. Биз, аталар, балдарыбыздын секс аркылуу берилүүчү баталарга ээ болушу үчүн алардын Кудайдын көздөмүнө жана Ал орноткон чектер менен эрежелерге урматтоо менен мамиле кылууга үйрөнүшүн каалайбыз.
ИНТИМДИК МАМИЛЕЛЕРДЕГИ АДЕП-АХЛАКТЫК ЧЕКТЕР
Буга чейинки бөлүмдө Кудайдын осуяттары биздин кызыкчылыктарыбызды көздөй тургандыгы жөнүндө сөз кылганбыз. Жашообуздун интимдик жагын алып карасак деле ушундай. Биз билүүгө жана бузбоого тийиш болгон чектердин, эрежелердин алкагында эмнеге уруксат берилип, кандай тыюулар салынган? Бул суроого жооп берүүдөн мурда дагы бир жолу кайталайлы: Кудай бул чектерди жана эрежелерди биз жөнүндө кам көрүп, бизди коргоо үчүн орноткон.
Кудайдын берешен жана ырайымдуу коргоочу экендиги жөнүндө айтылган 144-Забурду окуп чыгыңыз. Кудайдын камкордугу жана коргоосу Анын сексуалдык сферадагы жүрүш-турушту жөнгө салуучу бир катар талаптарын сактоо менен тыгыз байланышкан. Адегенде биз адеп-ахлаксыздыктан четтешибиз керек.
Ыйык Китеп никеде турбаган аял менен эркектин ортосундагы кандай гана болбосун сексуалдык байланышты (никеге чейинки, же никеден тышкары) адеп-ахлаксыздык деп атайт.
Ыйык Китеп мындай деп үндөйт:
• «…ойноштук кылбагыла…» (Элч. иш. 15:29);
• «Ойноштук кылуудан качкыла» (1 Кор. 6:18);
• «…ойношттук кылбайлы…» (1 Кор. 10:8);
• «Араңарда ойноштук, ар кандай ыпыластык жана дүнүйөкорлук жөнүндө сөз да болбошу керек, себеби ыйыктарга мындай кылуу жарабайт» (Эф. 5:3);
• «Кудайдын каалоосу — силердин ыйыкталышыңар: ойноштук кылуудан алыс болгула» (1 Тес. 4:3);
Сексуалдык сферада адеп-ахлактык нормаларды сактоо (бул биринчи иретте никеге чейинки, же никеден тышкары секске жол бербөө) Кудай Өзүнүн камкордугуна жана коргоосуна кепилдик берет. Төмөндө бир нече мисал келтирилди:
Эмнеден коргойт? |
Кепилдик |
күнөөлүүлүк сезимден |
рухий жаңыланууга |
күтүлбөгөн кош бойлуулуктан |
балдарды тарбиялоо үчүн ыңгайлуу чөйрөгө |
жыныстык жол менен жугуучу оорулардан |
жан-дүйнөнүн тынчтыгына |
сексуалдык алсыздыктан |
өз ара ишенимге |
эмоциялык стресстен |
жакын мамилелерге |
Никедеги сексуалдык жашоонун бакубаттуу болушу Кудайдын камкордугу жана коргоосу аркылуу кепилденет. Мисалы, мен жаш чагымда — никеге турганга чейин сексуалдык мамилелерге барбайм деген тандоону кабыл алгам. Бул — менин кыялымдагы кызга жолугуп, ага үйлөнгөнүмө чейин тазалыгымды сактап, үйлөнгөндөн кийин ага өмүр бою ишеничтүү болууга милдеттенме алганымды билдирет. Дотти дагы өзүнө ушундай эле милдеттенме алган. Экөөбүз тең Кудайдын интимдик мамилелерди жөнгө салуучу осуяттарын баш ийип аткаргандыктан, эч күнөөлүүлүк сезимде болбостон, жакын мамилелерибизден ыракаттана алабыз.
Никеге турганга чейинки кош бойлуулуктан келип чыкчу кайгылар биз үчүн белгисиз.Ошондуктан, эч качан башкадан төрөлгөн баланы асырап алуунун, же күтүлбөгөн кош бойлуулуктун негизинде шашылып үйлөнүүнүн азабын тарткан жокпуз.
Нике төшөгүбүздө биз ар кандай венерикалык ооруларды жугузуп алуу коркунучунан жапа чекпейбиз.
Биз сексуалдык алсыздыктан коркпойбуз, анткени экөөбүздө тең андай тажрыйба жок, ошондой эле, кандайдыр бир салыштыруулардан эркинбиз. Демек, өз ара ишенимибизден толук кубаныч алабыз.
Никеге турганга чейинки сексти коштоп жүрүүчү эмоциялык стресстен, никеден тышкары байланыштардан улам келип чыгуучу чыккынчылык сезимден корголгонбуз. Натыйжада, экөөбүз тең интимдик жакындыгыбыз гана эмес, алдоодон, «шкафта катылган скелеттерден» (терең катылган сырлардан) эркин эмоциялык жакындыгыбыз менен да ыракаттана алабыз.
Кудайдын көздөмү боюнча, секс адеп-ахлактык чектердин алкагында жубайлар үчүн арналган. Бул чектер никеге чейинки интимдик мамилелерге тыюу салууну жана никеге тургандан кийин ишеничтүүлүктү сактоону билдирет. Кудайдын осуяттарын аткаруу бири-бирин сүйгөн эркек менен аялдын интимдик мамилелерден жеткилең кубаныч алышына кепилдик алып келет. Жубайлар бул адеп-ахлактык чектердин мааниси кандай экендигин түшүнүп, аларды ажыратып тааный билүүгө тийиш. Мындай чектөөлөрдүн жардамы менен айтылган «жок» деген жооп өмүр бою созула турган мамилелерди бекемдейт. Ал эми бул чектөөлөрдү орундатуу сексти Кудайдын эң сонун белегине айлантат.
Ыйык Китепте: «Никеңер адал болсун, нике төшөгүңөр булганбасын…»; «Кудайдын каалоосу — силердин ыйыкталышыңар: ойноштук кылуудан алыс болгула; ар ким өз денесин ыйык жана таза сактай билсин… дене кумарына батпасын… Анткени Кудай бизди ыпыластыкка эмес, ыйыктыкка чакырган» (Эвр. 13:4; 1 Тес. 4:3–5,7).
Адеп-ахлактык тазалык — Кудайдын никедеги жашоого бата алып келүү үчүн орноткон чектери. Алар бизди сексуалдык бейбаштыктын натыйжасында келип чыгуучу терс таасирлерден коргойт. Бирок адеп-ахлактык жактан таза болуу деген эмнени түшүндүрөт?
Каптамасында «100% сүт шоколады» деп жазылган конфетаны жеп көрдүңүз беле? Ал эми бал толтурулган банкачы? Кээ бир этикеткалардан: «Жасалма таттуу заттар кошулбаган табигый бал» деген жазууларды окуйбуз. Шоколаддын же балдын «жүз проценттүү», же «табигый» деген мүнөздөмөлөрү бул продуктулардын курамында даамын бузуучу, же
Сексуалдык тазалык «Кудайдын баштапкы көздөмүнө ылайык жашоону» талап кылат. Демек, Кудайдын жеткилең көздөмүн булгай турган чегинүүлөр болбошу керек. Интимдик жакындыкты Кудай күйөө менен аялдын ортосундагы сүйүүнүн көрүнүшү катары жараткан. Үчүнчү сексуалдык партнердун пайда болушу менен бул биримдиктин гармониясы бузулат. Бул — жубайлардын нике биримдигин булгаган жана аны тазалыгынан ажыраткан аралашма заттын пайда болушуна окшош. Эгерде стакандагы таза сууга кир ташты салып жиберсе, суу бөтөн аралашмалардан улам булганып, башкача айтканда, кир болуп калат. Стакандагы эч кандай аралашмасы жок суу — таза суу. Кудай биздин сексуалдык жашообуздун таптаза болушун каалайт. Кудай никени үйлөнгөнгө чейин тазалыгын сактап, үйлөнгөндөн кийин бири-бирине ишеничтүү болгон эркек менен аялдын нике биримдиги үчүн жаратканын балдар билишсин. Ооба, эгерде мыйзамдуу никеге турганга чейин жубайлар сексуалдык мамилеге барып, өздөрүнүн тазалыгын сактабаган болсо, алардын нике биримдиги никеге тура электе эле бузулган болот.
Сексуалдык тазалык жөнүндө талап кайдан алынган? Кудайдын Өзүнүн мүнөзүнөн. Теңир мындай деп айтат: «Ыйык болгула, анткени Мен ыйыкмын» (1 Пет. 1:16), «Машайактан ушундай үмүт кылган адам Машайактай таза болуш үчүн, өзүн тазалайт» (1 Жкн. 3:3). Кудайдын табияты ыйык жана таза, «Анда калп жок» (Заб. 91:15). Балдарга алар никеге турганга чейин жана никеде сексуалдык тазалыкты сакташса, Кудайдын камкордугуна жана коргоосуна ээ болушарын түшүндүрүңүз. Ошондо интимдик мамилелерден Кудайдын алгачкы көздөмүнө ылайык жеткилең кубаныч аларын билишсин.
Жетинчи осуятта: «Ойноштук кылба» (Чыг. 20:14) деп айтылат. Ыйса эркек менен аял никеге тургандан кийин ойноштук кылбай, бири-бирине ишеничтүүлүгүн сакташы керек экендигин айткан. Ал мындай деген: «Демек, Кудай кошконду адам ажыратпасын» (Мк. 10:9). Кудай Ысрайыл элине айткан: «Ким аны жек көрүп кетирип жиберсе… ал өз кийимин булгайт… Ошондуктан өз рухуңарды сактагыла жана ишенимсиздик кылбагыла» (Мал. 2:16).
Үйлөнүү үлпөтүнүн убагында никеге туруп жаткандар: «Бүгүн биз бир дене болдук, Мен сени менен ооруда жана саламаттыкта, байлыкта жана жардылыкта, экөөбүздү өлүм ажыратканга чейин сени менен бирге болууга убада берем. Сага ишеничтүү болууга, кемчиликтериңди сүйүү менен кабыл алууга, жеңиштериңе кубанууга жана кыйынчылык келгенде сени колдоого убада берем», — деген сөздөрдү айтышат. Бир адам сени дүйнөдөгү бардык адамдардан артык сүйүп, бүт өмүрүн сага арнап жатканын билүүдөн чоң бакыт болбосо керек. Ишеничтүүлүк — никедеги жашоонун баталуу болушуна кепилдик берүүчү, Кудай орноткон чек. Бул чек никедеги жашоону сексуалдык тартипсиздиктен келип чыгуучу терс таасирлерден коргойт.
Никедеги жашоомдун көпчүлүк убактысын үйдөн алыс сапарларда өткөрдүм, Доттиге кыянаттык кылууга көп ирет шарттар түзүлдү. Бирок никебиздеги кырк жылдын ичинде мен өмүрүмдөгү жалгыз сүйгөнүмө берилгендигимди, ишеничтүүлүгүмдү, арналгандыгымды сактап, эч качан азгырылууга барбадым. Бул сүйгөнүм, албетте, Дотти. Ал үчүн менин мындай жашоом абдан маанилүү. Менин аялыма кылган мамилем анын өз кадыр-баркын сезе билүүсүн бекемдейт, ал өзүн коопсуз жана чексиз сүйүктүү жубай катары сезет. Биздин планетада үч миллиарддан ашык аял бар, бирок мага ал гана керек.
Ар бирибизди Кудай бир адамдын бир гана жубайы болууга умтулууну жана муну эңсөөнү жүрөгүбүзгө салып жараткан. Мындай каалоо Кудайдын Өзүнүн жүрөгүнөн чыгат. «Ошондуктан билип жүр: сенин Кудай-Теңириң — Кудай, Өзүнүн келишимин сактаган ишенимдүү Кудай. Ал Өзүн сүйгөндөрдүн жана Өзүнүн осуяттарын аткаргандардын миңинчи тукумуна чейин Өзүнүн ырайымын көрсөтөт» (Мыйз. 7:9).
Кудайдын көздөмү боюнча секс адеп-ахлактык тазалыктын жана ишеничтүүлүктүн шартында гана болууга тийиш экендигин балдарга түшүндүрүңүз. Мындай шарттар аткарылганда, жубайлардын интимдик мамилелери туура абалда болоруна кепилдик түзүлөт. Бул абал — алардын ортосундагы сүйүү.
Машайакчылардын үй-бүлөсүндө тарбияланган балдарга мындай адеп-ахлактык нормалар тааныш. Эгерде сиз өспүрүмдүн ата-энеси болсоңуз, ал токтолбостон туруп, секске жеңил ойлуулук менен мамиле кылуу жана сексуалдык партнерду тандоодогу ылгабоочулук — терс көрүнүш деп айтып берет. Балаңыздын мындайча ой жүгүрткөнүнө сыймыктансаңыз болот. Мында бир «бирок» бар.
Жакшы жыйындарда жана машайакчылардын үй-бүлөсүндө тарбияланган балдар сөз «чыныгы сүйүү» жөнүндө боло калганда, жогорудагы пикирин өзгөртүшөт. Мындай учурда никеге чейинки секске уруксат берилчүдөй ойдо болушат, анткени «сүйүү баарын актайт» деген пикирге жамынышат.
Жаштардын чөйрөсүндө мындай пикир көп учурда көнүмүш болсо дагы, мен чындыгында эле чыныгы сүйүү баарын актайт деп эсептейм. Бул айтканым көпчүлүк ата-энелерди, жыйындардын жетекчилерин таң калтырышы мүмкүн. Сөздүн нугун кайсы жакка багыттап жатканымды түшүнүп тургандырсыз. Анткени буга чейинки бөлүмдөрдө сүйүүгө Ыйык Китепте кандай аныктама берилгенин талкуулаганбыз. Жаш жигиттердин жана кыздардын көбү сүйүүнү Ыйык Китептин стандарттары менен эмес, бурмаланган түшүнүктөр менен аныкташат. Мисалы, ал түшүнүктөр боюнча, сүйүү никеге чейинки секске укук берет, адеп-ахлактык тазалыкты жана ишеничтүүлүктүн чектерин барктабайт деп эсептелет.
Чыныгы сүйүүнү — башка адамдын коопсуздугун, бактысын жана бакубаттуулугун өзүнүн коопсуздугу, бактысы жана бакубаттуулугу менен бир катарда баалоо деп аныктаганыбызды эсиңизге сала кетейин. Башка адамды ушундай сүйгөндө гана интимдик мамилелерге карата Кудайдын көздөмүнө урмат көрсөтүлөт. Мындан тышкары, интимдик мамилелерди ыйык тутуп турган адеп-ахлактык тазалыктын жана ишеничтүүлүктүн чектери сакталууга тийиш экендигин балдарга жеткириңиз. Кудайдын осуяттарына баш ийгендик алардын бакубаттуулугун камсыз кылып, ар кандай балээден коргоого багытталгандыгын түшүнүүсүнө жардам бериңиз. Сүйүү — чыныгы сүйүү! — никеге чейинки секске барбайт жана сүйүшкөндөр никеге тургандан кийин адеп-ахлактык тазалыкты жана ишеничтүүлүктү сактайт. Демек, «чыныгы сүйүү баарын актайт» деген сөз ушундай мааниде айтылууга тийиш.
Мындай сүйүүнүн булагы ким? Албетте, Кудай, анткени «Кудай — сүйүү» (1 Жкн. 4:8). Кудайдын аныктамасына дал келген сүйүү сүйүүктүү адамды зыяндан сактап, бакубаттуулукта болушуна кепилдик берет. Кудайдын сүйүүсү берешен, бекем жана коргоочу, ишеничтүү жана чексиз. Чыныгы сүйүүнүн негизги баалуулугу — сүйүктүү адамы жөнүндө кам көрүү жана аны коргоо. Ошондуктан, Кудай анын коопсуздугуна, бактысына жана бакубаттуулугуна зыян келтире турган эч кандай нерсеге жол бербейт[28].
АЗЫР БИР СӨЗ, КИЙИН БИР СӨЗ
Мен «олуттуу сүйлөшүүлөрдүн» практикасы жөнүндө терс пикирде экендигимди айтуудан баштаган элем — мунун ордуна бара-бара, өлчөмү менен ушул темага байланыштуу маалыматты балдарга үзгүлтүксүз берип турууга кеңеш берем. Чыныгы сүйүү деген эмне экенин талкуулоого арналган
•
Кичинекей (алты, беш, атүгүл төрт жаштардагы) балдар дагы сүйүүнүн, адеп-ахлактык тазалыктын жана жубайлардын ортосундагы ишеничтүүлүктүн Ыйык Китепте айтылган принциптерин түшүнө алышарын билүүгө тийишсиз. Балдарга ушул принциптерди түшүүгө жардам берип жатып, алардын келечектеги сексуалдык тазалыгына бекем фундамент орнотууга мүмкүндүгүңүз бар. Жубайыңызга болгон сүйүүңүз жөнүндө айтып жатып, ал жөнүндө өз денеңиз жөнүндөгүдөй кам көрө турганыңызды айтыңыз. Жубайлардын өз ара ишеничтүүлүгүн түшүндүрүп жатканыңызда, убаданы аткаруу жөнүндө мисалды колдоно аласыз. «Ушул себептен башка аял менен эмес, силердин апаңар менен гана жашап келатам» деп айтсаңыз болот. Өз өмүрүңүздү алардын апасына гана арнаганыңызды, ага гана өтө берилгендигиңизди кичинекей балдарга мүмкүн болушунча эртерээк айтыңыз. Алар жетилип, денелеринде гормондор күч алган кезде сиздин жеке үлгүңүз жана насаатыңыз эселеп жемишин берет.
•
•
•
Башка ресурстар менен дагы колдонуңуз. Машайакчылык адабият дүкөнүнө кирип, анын каталогдору менен таанышып, сиздин деноминацияңыз кандай окуу программаларын сунуштап жатканын билиңиз. Балдарды Кудайдын интимдик мамилелерге карата көздөмү менен тааныштырууну каалагандар үчүн арналган сонун каражаттарды көргөнүңүздө, таң калуу менен ыраазы болосуз.
~11~
Тогузунчу милдет
Балага биздин ишенимибиздин маңызын түшүндүрүүгө аракеттенүү
Уулу сыртка чыгайын деп камданып калганда, Марша аны кучактады.
— Кымбаттуум, сенин бизге келгениңе абдан кубанычтамын, — деди ал.
— Ооба, Грэг, — деп коштоду атасы, Майк. — Абдан жакшы кылдың. — Ал уулун кучактайын деп, алга кадам шилтеди. — Биз үй-бүлөбүз менен чогуу жыйынга барып, бирге чогулуп жүрчү күндөрүбүздү сагындым. Универститетиңе жакын жерден жыйын тапкандырсың, уулум?
Грэг рюкзагын ийнине илди.
— Кандай десем, ата? Тапкан деле жокмун, — деп бошоң жооп берди уулу. — Биринчи курста окугандарга абдан кыйын — тапшырма көп беришет, колум бошобойт.
Грэгдин он алты жаштагы карындашы Сара, ага жолдо алып жүрүүчү сумкасын берип жатып:
— Университетте окуу чынында эле абдан татаалбы? — деп сурады.
— Андай деле эмес. Болгону, иш чачтан көп.
Майк уулун ийнинен кучактап:
— Жыйынга барууга убактың калбаса, анда чын эле колуң бошобойт экен.
— Ата, — деди Грэг, — мени жыйын сыяктуу нерселер эми кызыктырбай калды. Досторум бар, алар менен жумасына бир жолу чогуу убакыт өткөрөбүз, ушул мага жетиштүү.
— Мен деле досторум менен көңүл ачканды жактырар элем. Жыйында абдан көңүлсүз…
— Сара! — деп кызын токтотту Марша. — Сен орунсуз сөздөрдү айтып жатасың.
— Бирок бул чындык эмеспи! — деп каршылык көрсөттү Сара.
— Апа, ал туурасын айтып жатат, — деди Грэг. — Жыйын мен үчүн кызыксыз болуп калды.
— Кымбаттум, андай деп айтпа. — Марша уулунун колун кармады. — Университет сени Кудайдан алыстатып жатабы?
— Жок, апа, — деп күлүмсүрөп койду Грэг. — Мен көп нерсени ойлоштурдум. Кудай мен үчүн мурдагыдай эле чоң мааниге ээ. Бирок кээ бир нерселерге менин көз карашым өзгөрдү. Болгону ушул. — Ал рюкзагынын боосун оңдоп жатып, мындай деди: — Мен кетейин.
Грэг машинаны көздөй жөнөдү, Сара анын буюмдарын жеткирүүгө жардамдашты. Марша менен Майк тепкичке чыгып, кетип бараткан уулун карап турушту.
— Биз сен үчүн сыйынабыз, уулум, — деди ага Майк.
— Ыракмат, ата, — деп жооп берди Грэг.
Уулунун эшиктин алдындагы аллеядан артка жылып, чоң жолго чыкканын, кетип баратып аларга кол булгалаганын карап турушту.
— Уулубузду жоготкон жокпуз деп үмүттөнөм, — деди Марша.
Майк башын ийкей:
— Биз уулубузду да, кызыбызды да жоготкон жокпуз, — деди[30].
Мен аталардын арасында болуп маектешкенимде, алар бардык тынчсыздануулардан ашып түшкөн санаасы жөнүндө көп айтышат. Алар Майк сыяктуу эле, өздөрүнүн бойго жеткен, университетке окууга өтүп, ата-энесинин үйүнөн кеткен балдары жөнүндө санаага батышат. Балдарыбыз үй-бүлөдө берилген машайакчылык баалуулуктардан четтеп, чыныгы ишенимден айрылып калабы деген ой алардын тынчын алат.
Мындай тынчсыздануунун орду бар. Изилдөөлөргө караганда, машайакчылыкты кабыл алган өспүрүмдөрдүн көпчүлүгү жетилүүнүн алгачкы он жылынын аралыгында жыйындан кетип, машайакка берген бардык убадаларын унутушат[31]. Бул сиздин балдарыңыздын Кудайдан баш тартып, атеист болуп калуу ыктымалдыгы бар дегенди билдирбейт. Сөз бул жөнүндө эмес. Алар «ыйыктарга бир ирет берилген ишенимден» (Жүй. 3) айырмаланган ынанымдарга берилип кетиши мүмкүн.
Азыркы учурда бакубаттуу машайакчылардын үй-бүлөсүндө тарбияланып жаткан балдардын көпчүлүгү Грэг сыяктуу эле, аталарына: «Кудай азыр деле мен үчүн чоң мааниге ээ. Болгону, менин кээ бир нерселерге болгон көз карашым сиздикинен айырмаланат», — деп айтууга даяр. Кээде «муундардын ортосундагы келишпестик» деп аталып жүргөн айырмачылыктар мурдагыга караганда алда канча терең жана кеңири экендиги байкалат. «Pew research» изилдөө борборунун акыркы маалыматтарына караганда, улуу муундагы адамдардын дээрлик 80%ы өз ынанымдары менен жаштардын көз караштарынын ортосундагы дал келишпестикти байкашат. «Улуу жана кичүү муундагы адамдардын келишпестиги көбүнесе кайсы жааттарда байкалат?» — деген суроого респонденттердин 47%ы: «Социалдык жана адеп-ахлактык маселелер», — деген жоопту беришкен[32].
Азыркы күндөрдөгү жаштардын кээ бир ынанымдарын карап чыгалы:
• 23%ы кереметтердин бар экендигинен күмөн санашат;
• 33%ы реинкарнацияга (адам өлгөндөн кийин анын жаны башка адамга өтүп кетерине ишенүү) «толугу менен», же “жарым-жартылай ишенишет.;
• 42%ы жамандык субъектинин (шайтандын) бар экендигинен күмөн санашат;
• 48%ы башка диндерди кандайдыр бир деңгээлде туура деп эсептешет[33].
Сиздин балдарыңыз мындай көз караштагы жаштардын катарына кирбейт деп ишенем. Бирок, ар бир экинчи жаш адам «Ыйса — жол, чындык жана өмүр», — деп ишеним менен айта албастыгын, ортодоксалдык эмес ынанымдарды көп ойлонбостон кабыл алышарын байкашыңыз мүмкүн. Ошондой эле, бардык салттуу эмес диндер жөнүндө кабардар болуу балдар үчүн оңойго турарын эске алуу зарыл.
Акыркы жети-сегиз жылдын аралыгында согушчан атеисттер таанымал болуп калышты. Мисалы, Сэм Харрис «Машайакчылар улутуна кат» (2006-ж.) деген китебин чыгаруу менен атеисттик чабуулду баштаган.
Анын артынан Ричард Докинздин «Кудай жаңылыш кыял катары» (2006-ж.), Кристофер Хитченстин «Кудай улуу эмес» (2007-ж.) деп аталган китептери чыкты[34]. Бул үч китеп дароо эң чоң сурамга ээ болушту жана жумалар эмес — бир нече айлар бою! — эң көп сатылып алынуучу китептердин тизмесинин башында болду.
Бул жаңы атеисттер деп аталып жүргөн адамдар китеп чыгарып эле тим болуп калышкан жок. Алар статьяларды жазышат, студенттердин шаарчаларында сөз сүйлөшөт, дебаттарга катышышат, радиодо жана телекөрсөтүүдө интервью беришет, YouTube аркылуу видеоматериалдарын көрсөтүшөт. Алар чындыкты издеген нечен жаш адамдарды жолунан адаштырып, Кудайга ишенген көп адамдардын ишенимдерин бошоңдотушту. Жаңы атеисттердин максаты жөнөкөй: ишенимдин адамга түшүнүктүү негиздерин жок кылып, машайакчылырды ишенимден баш тартууга ынандыруу[35].
Азыркы учурда жаңы атеисттердин чабуулу бир аз күчүн жоготту, бирок биз үчүн өтө жооптуу мезгил келди: балдарыбызды биз эмнеге жана эмне үчүн ишене турганыбыз жөнүндө айкын түшүнүк менен куралдандырууга тийишпиз. Кээ бир машайакчы жетекчилердин: «Азыркы учурдагы жаштарды машайакчылык кызыктырбайт», — дегенин уккам. Ал лидерлер: «Жаштар өз ара мамилелери, өздөрүнүн эмоциялык абалдары менен гана алектенишет», — деген пикирин айтышат.
Бирок көйгөй мында эмес. «Жаштардын динге карата мамилесин изилдөө боюнча улуттук долбоорлордун» акыркыларынын биринде, миңдеген атеист өспүрүмдөр Кудайга ишенген адамдар катары тарбияланып, кийинчерээк ишенбей калгандыктарын мойнуна алышкан. Аларга: «Эмне себептен өзүңүз тарбияланып өскөн ишенимден баш тарттыңыз?» — деген суроо берилген. Бул
ИШЕНИМ МЕНЕН БӨЛҮШҮҮ
Балдарга өзүңүздүн машайакчы экендигиңизди, Кудайга эмне себептен ишенериңизди түшүндүрүңүз, бул алардын жашоосунда абдан чоң мааниге ээ. Алар менен кайсы ынанымдарыңыз менен бөлүшмөкчүсүз?
Сиз балдарыңызга тирүү ишеним берүүнү каалай тургандыгыңыздан күмөн санабайм. Алардын формалдуу эмес, тирүү — жашоолорун өзгөртүп, кезегинде балдарына мурас катары калтыра турган машайакчылыкты кабыл алышын каалай тургандыгыңызды билем. Иш жүзүндө, машайакчылык шакиртчиликтин маңызы ушунда, убагында алгачкы Жыйын бул маселени ийгиликтүү чечүүгө жетише алган.
Алгачкы Жыйындын машайакчылары өз ынанымдары менен бөлүшүүдө чечкиндүүлүк көрсөтүшкөн. Ошондуктан өз жашоолорундагы өзгөрүүлөр менен гана чектелбестен, кийинки муундарга дагы ишеним эстафетасын ийгиликтүү тапшырышкан. «Forge Mission Training Network» тармагынын негиздөөчүсү Алан Фирштин айтканы боюнча, биздин заманга чейинки 100-жылы, Ыйса асманга көтөрүлүп кеткенден тартып алтымышка жакын жыл өткөндөн кийин машайакчылардын саны 2500 адамга жеткен. Кийинки эки жүз жылдын аралыгында алардын саны 20 000 000 адамга[37] жеткен, башкача айтканда, Ыйсага ишенгендердин саны сегиз жүз эсеге өскөн! Коомдун жашоосунда таң каларлык өзгөрүүлөр болуп, ишенгендердин саны ташкындап өссө, анда Алгачкы Жыйын кандайча иш алып барды болду экен?
III кылымдын башталышында машайакчылардын коомчулугунда чыныгы ишеним жөнүндө биримдиктүү түшүнүк калыптанган. Элчилер Машайактын окуучуларынын жашоосун аныктай турган ынанымдарды баяндап жазышкан. Бул биримдикти сактоо жана чындыкты бурмалоонун алдын алуу үчүн биздин замандын 325-жылы Кичи Азиянын Никея шаарында Жыйындын үч жүз башчысы чогулуп, машайакчылыктын фундаменталдык чындыктарын кагаз жүзүндө жазып калтырышкан. Бул чогулуштун жыйынтыгы бизге Никея ишеним Символу (же Элчилердин ишеними) катары белгилүү. Башкача айтканда, Кудайдын ушул кызматчылары аркылуу жазуу түрүндөгү жана азыркы күнгө чейин колдонулуп келе жаткан эң белгилүү ишеним символу иштелип чыккан. Аны Жыйындын тарыхындагы ар бир ири машайакчылык коомчулук колдоо менен кабыл алган. Никея соборунун бул кыскача билдирүүсүндө — Кудайдын табияты, биздин Аны менен болгон мамилебиздин, Анын кылган иштеринин маңызы, биздин эмнеге арналгандыгыбыз жана бизди күтүп турган өзгөрүүлөр жөнүндө жазылган (Никея ишеним Символунун текстин ушул бөлүмдүн аягынан караңыз).
Балдарга Кудай менен мамиле курууга жардам берип жатып, ушул машайакчылык чындыктарынын маанисин түшүндүрүп бере аласыз. Бул учурда балдар өздөрүн чындап инсан катары кабыл алууга (өзүнүн ким экендиги жана дүйнөгө эмне үчүн келгендиги), айланадагы адамдар менен мамилелеринин кандай экендигин жана Кудай жараткан дүйнө менен кантип өз аракеттешүүгө болорун түшүнүүгө мүмкүндүк алышат. Машайакчылык ишенимди кыскача минтип түшүндүрсө болот:
ЭМНЕГЕ ЖАНА ЭМНЕ ҮЧҮН ИШЕНЕБИЗ
Никея ишеним Символун окуп жатып, бизге Элчилер аркылуу жеткен он эки догматты көрөбүз. Алардын баары Ыйык Китепте ачык жазылган. Биз дал ушундан баштоого тийишпиз. Көп аңгемелердин жардамы менен Ыйык Китеп адамзаттын бүткүл тарыхында Кудайдын бизге болгон мамилесин — биринчи үй-бүлөгө, Эски Келишимдеги Ысрайыл тукумдарына жана Жаңы Келишимдеги Ыйсанын шакирттерине кылган мамилеси аркылуу айкын сүрөттөп көрсөтөт. Бул аңгемелер аркылуу Кудай Өзү жараткан адамзатка Өзүн ачып берет. Аларда Кудайга ишенген, Анын улуу чындыктарын иш жүзүнө ашырган адил адамдардын эсте каларлык образдары сүрөттөлгөн. Бул аңгемелерде жана чындыктарда адамдын чыныгы жүзү ачылып көрсөтүлөт. Кудай биздин кандай мамилелерибизди көрүүнү каалай тургандыгы, башкача айтканда, биз бири-бирибизге кандай мамиле кылууга тийиш экендигибиз баяндалат. Мунун бардыгы Ыйык Жазууларда — ишенүүгө татыктуу Ыйык Китепте жазылган. Кудай биздин Аны таанып билип, ишенимибизди кийинки муундарга эстафета катары беришибиз үчүн бул чындыктардын сакталышына Өзү кам көргөн.
Балдарга Ыйык Жазуунун сырларын ачып бериңиз, ошондо аны окуп жатып, ишенгендердин өзгөчө жашоосу, алардын чындыкты билүү ыкмалары, Кудайдын дүйнөгө карата алдын ала түзгөн планы, рухий ачылыштарга негизделген көз караш, Кудай менен болгон мамилебиздеги Анын ролу жөнүндө билим алышат. Башкача айтканда, Ыйык Жазуу Кудай бул дүйнөнү кандай кылып жаратканын, ал дүйнөнүн азыр кандай абалда экенин жана Кудай аны кандайча баштапкы көздөмүнө кайтарып аларын ачып берет. Ыйык Китептен биз Аны менен тыгыз мамиледе болуш үчүн жаратылганыбызды, эмне себептен ал мамилебиздин бузулганын жана кандайча калыбына келтириле турганын билебиз.
Алгачкы жыйын Ыйык Китетпин чындыктарын он эки догматтан турган катехизис (насаат) түрүндө баяндап жазышкан. Машайакчылар бул он эки догматты балдарына сабак түрүндө эмес, жеке мамилелешүү аркылуу жеткиришет. Кыскартып жазганда, он эки догмат төмөнкүдөй мазмунга ээ:
1. Сүйүүчү Кудай бар.
2. Кудай Сөзү (Ыйык Китеп) — Анын мүнөзүн ачып берүүчү ишенимдүү аян.
3. Биринчи күнөө адамзатка өлүмдү (Кудайдан бөлүнүүнү) алып келген.
4. Күнөө аркылуу бузулган мамилени калыбына келтириш үчүн Кудай адам болуп келген.
5. Машайак айкаш жыгачта курман болуп, бизди күнөөлөрүбүздөн арылтты.
6. Биз Ыйса Машайакка ишенүү аркылуу Кудайдын ырайымы менен акталганбыз.
7. Биз Машайактын бейнесине окшошуп өзгөрүлүүгө тийишпиз.
8. Ыйса өлгөндөрдүн арасынан денеге ээ болуп тирилген.
9. Кудай түбөлүктүү жана Үч бирдиктүү (Үч бирдиктүү Кудай жөнүндө догмат).
10. Кудай Падышачылыгы биздин дүйнөгө болгон көз карашыбызды калыптандырат.
11. Жыйын — Ыйсанын жердеги көзгө көрүнүүчү өкүлү.
12. Кудайдын алгачкы көздөмүнө ылайык, Ыйса бузулган дүйнөнү жаңылантуу үчүн кайтып келет.
Бул он эки догмат аң-сезим аралашпаган, «сокур» ишенимди талап кылбайт. Алар биздин жашообузда орун алышы керек. Биз эмнеге ишене турганыбызды балдарга айтып, эмне үчүн ишенерибизди түшүндүрүп жатканыбызда, аларда туура ой жүгүртүүнү гана калыптандырууга умтулбастан, — алардын туура мамиле түзүп, туура жашашын каалайбыз. Ошондуктан биз өзүбүз дагы өз ынанымдарыбыздын жашообузга кандай тиешеси бар экендигин, алардын чындык экендигинен эмне үчүн күмөн санабай турганыбызды түшүнүүгө тийишпиз. Балдар ишенимди далилдер менен бекемдөөгө боло тургандыгын билишсин.
Бул маселе кыйындай сезилет, чынбы? Кандайдыр бир деңгээлде ошондой. Бирок, эгерде бул фундаменталдык чындыктарды талдап, алардын ортосунда кандай байланыштар бар экендигин көрүүгө аракеттенсек, Кудай Өзүнүн адашкан балдарын кантип куткарып ала тургандыгы жөнүндөгү улуу баянды көрө алабыз.
Балдарына өздөрүнүн эмнеге жана эмне үчүн ишене тургандыгын түшүндүрүүгө аракеттенип жаткан ата-энелер үчүн Шон экөөбүз китеп жазганбыз. Бул китепте, менимче, машайакчылык ишенимдин негизги түшүнүктөрү баяндалып жазылды. Анын аталышы: «Өзгөрүлбөс чындык: Машайакчылык ишенимдин он эки догматын кантип рационалдуу түшүндүрүүгө болот»[38].
Мен сизге бул китепти таап окууга, балдарыңызды Машайакчылык ишенимдин негиздери менен талыкпастан тааныштырууга, алардын чындык экендигинен эмне үчүн күмөн санабоого болорун түшүндүрүүгө кеңеш берем. Машайакчылык ишенимдин фундаменталдык негиздеринин ар биринин Кудай бизге ачып бергиси келген маанилүү далилдери бар.
Ишенимдин далилдерин изилдөө — ишенимдин зарылдыгын жокко чыгарбайт. Ишенимдин эч кандай далили анын объектинин бар экендигине толук ынандыра албайт. Биз мурдагыдай эле ишенүүгө тийишпиз, бирок ишенимибиз — түшүнүлгөн, башкача айтканда, далилдерди изилдөөчү ишеним болушу керек. Ушул себептен Элчилер Ыйса жасаган көп кереметтерди баяндап жазышкан: «Булар болсо Ыйсанын Кудайдын Уулу Машайак экенине ишенишиңер үчүн жана ишенип, Анын ысымы аркылуу өмүргө ээ болушуңур үчүн жазылды» (Жкн. 20:31).
ИШЕНИМДИН ҮЧ ТҮРКҮГҮ
Никея символунда саналып өткөн он эки догмат менен бир катарда машайакчылыктын үч түркүгү жөнүндө дагы айтуу зарыл. Бизге белгилүү болгон күбөлүк далилдерден эмне үчүн күмөн санабоого болбой тургандыгын түшүндүрүп жатканыңызда, төмөндөгү фундаменталдык чындыктарды — машайакчылыктын үч түркүгү жөнүндө айтууну унутпаңыз: буларды билүү балдарга ишенимде бекемделүүдө жардам берет.
• Биринчи түркүк — бул Ыйык Жазуунун чындыгы. Эгерде Ыйык Китептин ишеничтүү тарыхый документ экендигине ишенбесек, анда өз ишенимибиздин чын экендигине кантип ишенебиз? Машайакчылар ишенген бардык нерселер Ыйык Китепке негизделген.
• Экинчи түркүк — Ыйса Машайактын Кудай экендиги. Эгерде Ыйса Кудай Уулу болбогондо, Ыйык Козу боло албайт эле, демек, биздин күнөөлөрүбүз үчүн кун төлөө курмандыгы боло алмак эмес.
• Үчүнчү түркүгү — Ыйса Машайактын денеге ээ болуп тирилиши. Ал өлгөндөрдөн тирилбесе, биздин тирилүүбүз дагы мүмкүн болмок эмес, демек, азапсыз, күнөөсүз түбөлүк жашоо болбойт эле. Элчи Пабыл бул ойду мындайча айткан: «Эгерде Машайак тирилген эмес болсо, анда силердин ишенимиңердин пайдасы жок: күнөөлөрүңөр дагы эле өз мойнуңарда. (…) анда биз эң бактысыз адамдарбыз» (1 Кор. 15:17–19).
Бөлүмдүн мындан аркы бөлүгүндө биздин Ыйык Китеп жөнүндөгү ойлорубузду жана алардын себептерин мисал катары айтып кетейин. Кайрадан жогоруда аталган китептерге кайрылууну сунуш кылам. Менин жардамчыларымдан турган команда машайакчылыктын үч түркүгү жөнүндө көрсөтмө окуу куралын даярдашты (аны үй-бүлөдө, же бир нече үй-бүлө чогулган топтордо көрсөтсө болот). Биринчи көрсөтмө курал Ыйык Жазуунун чындык экендигин далилдөөнү сунуштайт жана «Кун төлөө салтанаты» деп аталат; экинчи, Ыйсанын Кудай экендигине арналган көрсөтмө курал «Аян салтанаты»; үчүнчү, Ыйсанын тирилгенин далилдеген көрсөтмө курал «Кайра төрөлүү салтанаты»[39] деп аталат.
Төмөндө «Аян салтанаты» окуу куралынан цитата келтирилет. Бул көчүрүп алууга мүмкүн болгон окуу куралында балдар үчүн интерактивдүү оюндар бар. Мисалы, «Сөз эстафетасы».Бала чагыңызда сиз «бузук телефон» оюнун ойногондурсуз. Бир катышуучу жанында отурган катышуучунун кулагына кыска фразаны шыбырап айтат, ал болсо андан кийинкиге шыбырап айтат, ушул боюнча аягына чейин улана берет. Тизмектин аягындагы катышуучу уккан сөздөрүн үн чыгарып айтат. Албетте, бири-бирине айтып жатканда фразанын мааниси бурмаланып, түшүнүксүз болуп калат.
Бул татаал эмес оюн жалпы кубаныч менен аяктайт, бирок фраза катасыз жеткирилген болсо, ар бир сөзү так жана туура айтылганы далилденет. Мындай оюн аркылуу Ыйык Китептин текстин бир муундан экинчи муунга жеткирүүдө кол жазма аркылуу так жана туура көчүрүүнүн канчалык маанилүү болгондугун көрсөтүүгө болот.
Китепти көчүрүү өтө кылдаттык менен ишке ашырылбаганда, биз бүгүн окуп жаткан текст миңдеген жылдар мурда жазылган манускрипттен айырмаланбайт деп ишеничтүүлүк менен айта албайт элек. «Аян салтанаты» Кудай Сөзүнүн ишеничтүүлүгүн далилдөөгө мүмкүндүк берет. Жүктөлүп алынган файлды андан ары ксерокөчүрмөдөн өткөрүп, үй-бүлө мүчөлөрүнө таратып берсеңиз, алар сиз окуп жатканда, текстке көз жүгүртүп турушат. Балдарыңыз менен талкуулап жаткан маалымат — Кудай Ыйык Жазуунун кылдат тираждалып, таратылышын кереметтүүлүк менен көзөмөлдөп турганын көрсөтөт. Бул бизди Кудай Сөзү — байыртадан бери келе жаткан бардык манускрипттердин арасынан эң ишеничтүүсү деген идеяга алып келет. Кудай Өзүн бизге кандай болсо, ошондой боюнча ачып берүүнү каалайт. Бул максатта Ал бизге Өзү жөнүндө так жана бурмалоосуз аянды — Ыйык Китепти берген.
Төмөндө «Аян салтанаты» окуу куралынан алынган материал менен тааныша аласыз.
Кудай миңдеген жылдар илгери Өз элине кайрылып, Анын бизге жеткиргиси келген сөздөрүн жазууга буйрук берген. Анткени Ал бизди сүйөт жана биз менен мамиле түзүүнү каалайт. Кудай биздин Аны таанып-билүүгө үйрөнүшүбүздү каалаган. Баарыбыз күнөөкөр болгондугубуздан, Андан бөлүнгөнбүз. Ошондуктан, Анын Сөзү биз үчүн колдонмо, Анын жүрөгүн түшүнө алышыбыз үчүн сүйүү менен жазылган каттардын топтому болуп калды.
Бул сүйүү каттары канчалык анык? Алардын көчүрмөлөрү канчалык деңгээлде так жасалган? Келиңиз, бул маселени тактайлы.
Мыйзам окутуучулардын тактыгынын далили. Эски Келишимди кол менен көчүрүп жазуу өз жашоосун бул татаал ишке арнаган, квалификациялуу катчы эркектерге тапшырылган. Ыйсанын кызматына чейин жана андан кийин, узак жылдар бою алардын милдети — Ыйык Жазуунун көчүрмөлөрүн даярдоо болуп келген. Бул ашкере так катчылар Ыйык Жазуунун ар бир сөзүнүн жана тамгасынын көчүрүлгөндүгүнө ынануу үчүн зор эмгек жумшашкан. Ыйык тексттерди көчүрүүнүн эрежелери ушунчалык катаал болгондуктан, өтө жогорку тактыкта аткарылган көчүрмө гана экземпляр катары таанылып, бардык иштер аткарылып бүткөндөн кийин, кол жазма деп аталган.
Кол жазма менен иш алып барууга чейин катчы бүт денесин жууган. Андан кийин жүйүттөрдүн мыйзамына ылайык кийимди кийген. Текстти көчүрүп жатканда еврей тилинде Кудайдын атын жазуу керек болсо, баракты булгап албаш үчүн, сыяга жаңы эле малынган калем менен жазчу эмес. Ал эми катчы Кудайдын атын жазып жатканда, анын көңүлүн эч нерсе алагды кыла албайт, атүгүл бөлмөгө… падыша кирип келсе дагы, катчы өз жумушунан башын көтөрбөйт. Катчы ыйык, жалгыз жана чыныгы Кудайдын аты тыныгуу жасабастан жазып бүтүрүүгө тийиш болчу.
Кол жазмалардын көчүрүүнүн масореттик (масореттер 1-миң жылдыктын ортосунда Эски Келишимдин тексттерин ийбадаткандан тышкаркы шарттарда окууга ылайык келтирүүнүн үстүндө эмгектенишкен) эрежелерине ылайык төмөнкү кошумча талаптар коюлган:
• Кол жазма түшүрүлүүчү пергамент ыйыкталган малдын терисинен иштетилип жасалган;
• Китептин ар бир пергаменти белгилүү сандагы (китептин аягына чейин) тилкелерди камтыган;
• Ар бир тилкенин узундугу 48ден аз эмес жана 60тан көп болбогон сандагы саптардан турган;
• Тилкенин жазылыгы 30 тамганы батырган;
• Тамгалардын ортосундагы аралык жип өтө тургандай (үнсүз тамгалар гана жазылган);
• Бөлүмдөрдүн ортосундагы аралык 9 үнсүз тамгага барабар;
• Китептердин ортосундагы аралык 3 сапка барабар;
• Мусанын бешинчи Китебинен (Мыйзамды кайталоо) кийин туташ сызык менен сызылган;
• Эч бир, атүгүл эң кыска сөз дагы эске түшүрүү аркылуу жазылган эмес — сөздүн ар бир тамгасы көчүрүлүп жазылган;
• Катчы ар бир китепте алфавиттин ар бир тамгасы канча ирет кайталана тургандыгын эсептеген жана ал санды оригинал менен салыштырган;
• Эгерде кол жазмада бир гана ката табылса, жок кылынган[40].
Кудай масореттерге Ыйык Жазууга карата таң каларлык урмат-сый менен мамиле кылууну берген. Алар бир гана максатты — биздин Жараткан Кудай жөнүндө жеткилең ачылыш алуубуз үчүн Ыйык Китептин текстин кереметтүү тактык менен берүүнү көздөшкөн.
Жаңы келишимдин тактыгынын далили. еврей мыйзам окутуучулары (катчылар) Жаңы Келишимдин кол жазмаларын көчүрүп жазууга катышышкан эмес. Демек, Теңир Ыйсанын сөздөрү бүгүнкү күнгө чейин эч бурмалоосуз жеткирилиши үчүн жаңы чара колдонгон: Ал миңдеген алгачкы манускрипттердин кол жазма булактары катары сакталып калышын камсыз кылган.
Байыркы кол жазмалардын анык экендигин таануу үчүн, биринчиден, жазуу түрүндөгү оригинал менен биринчи көчүрмөнүн ортосундагы убакытты өлчөшөт. Экинчиден, биздин күндөргө чейин сакталып калган кол жазма түрүндөгү көчүрмөлөрдүн санын аныкташат. Оригиналдык документ менен биринчи көчүрмөнүн ортосундагы убакыт канчалык кыска болсо жана мындай көчүрмөлөрдүн саны канчалык көп болсо, окумуштуулар мындай кол жазмаларды ошончолук анык катары таанышат.
Мисалы, Юлий Цезардын Галлиядагы согуштары жөнүндөгү азыркы замандагы бардык маалыматтар «Галлиядагы согуш жөнүндө баяндар» деп аталган он кол жазманын негизинде алынган. Алардын көчүрмөлөрүнүн арасынан эң алгачкысы оригинал жазылгандан миң жыл өткөндөн кийин жазылган. Диний эмес тарыхта кыйла анык документалдык далил катары Гомердин «Илиада» поэмасы эсептелип келе жатат. Анын 1757 кол жазмасы бар, алардын ичинен эң алгачкысында оригинал жазылгандан тартып төрт жүз жылдан кийинки дата коюлган.
Классикалык адабиятка түздөн түз тиешеси бар таблицаны карап көрөлү[41].
АВТОР |
КИТЕП |
ЖАЗЫЛГАН ДАТАСЫ |
ЭҢ АЛГАЧКЫ КӨЧҮРМӨ |
УБАКЫТ ИНТЕРВАЛЫ |
КӨЧҮРМӨЛӨРДҮН САНЫ |
Гомер |
Илиада |
Б.з.чейинки 800-ж. |
Болжол менен б.з. чейинки 400-ж. |
Болжол менен 400 ж. |
1757 |
Геродот |
Тарых |
Б.з. чейинки 480–425-ж. |
Болжол менен б.з. 900-ж. |
Болжол менен 1350 ж. |
8 |
Фукидид |
Тарых |
Б.з. чейинки 460–400-ж. |
Болжол менен б.з. 900-ж. |
Болжол менен 1300 ж. |
8 |
Платон |
|
Б.з. чейинки 400-ж. |
Болжол менен б.з. 900-ж. |
Болжол менен 1300 ж. |
7 |
Демосфен |
|
Б.з. чейинки 300-ж. |
Болжол менен б.з. 1100-ж. |
Болжол менен 1400 ж. |
200 |
Цезарь |
Галлия согушу жөнүндө баян |
Б.з. чейинки 100–44-ж. |
Болжол менен б.з. 900-ж. |
Болжол менен 1000 ж. |
10 |
Ливий |
Римдин тарыхы |
Б.з. чейинки 59-ж. — б.з. 17-ж. |
IVкылым (толук эмес көчүрмө); Х кылым — негизги көчүрмө; |
Болжол менен 400 ж. Болжол менен 1000 ж. |
1 толук эмес көчүрмө 19 көчүрмө |
Тацит |
Анналдар |
Б.з. 100-ж. |
Болжол менен б.з. 1100-ж. |
Болжол менен 1000 ж. |
20 |
Плиний Улуу |
Табигый тарых |
Б.з. 1–113-ж. |
Болжол менен б.з. 850-ж. |
Болжол менен 750 ж. |
7 |
Жаңы Келишимдин аналогдору жок. Байыркы кол жазмалардын анык экендигин баалоодогу бул жалпы кабыл алынган стандарттын колдонулушу Жаңы Келишимди өзгөчө абалга коет. Бул жаатта бир дагы китеп ага тең келе албайт. Байыркы дүйнөнүн эч бир китебин Жаңы Келишимдин аныктыгы менен салыштырууга болбойт. Төмөндөгү таблицага көңүл буруңуз[42]:
АВТОР |
КИТЕП |
ЭҢ АЛГАЧКЫ КӨЧҮРМӨ |
УБАКЫТ ИНТЕРВАЛЫ |
КӨЧҮРМӨЛӨР-ДҮН САНЫ |
Жакан |
Жакан жазган Жакшы Кабар |
Болжол менен б.з. 130-ж. |
50 жылдан ашык |
Фрагменттер |
Башка авторлор |
Жаңы Келишимдин башка китептери |
Болжол менен б.з. 200-ж. (китептер) |
100 жыл |
|
|
|
Болжол менен б.з. 250-ж. (Жаңы Келишимдин башка китептери) |
150 жыл |
|
|
|
Болжол менен б.з. 325-ж. (Жаңы Келишим толугу менен) |
225 жыл |
5600 + грек кол жазмалары |
|
|
Болжол менен б.з. 366–384-ж. [Вульгата (латин тилине которулган)] |
284 жыл |
|
|
|
Болжол менен б.з. 400–500-ж. (башка тилдерге которулган) |
400 жыл |
19000 + кол жазмалардын котормолору |
|
|
Жыйынтык |
50–400 жыл |
24 600 + кол жазмалар |
Жаңы Келишимдин дээрлик 25000 кол жазмасы же алардын фрагменттери бизге белгилүү. Кээ биринде оригиналдын жазылган датасынан тартып элүү жылдан кийин жазылгандыгы белгиленген. Кол жазмалардын эч бири оригиналдан төрт жүз жылдан ашык убакыт интервалында жазылган эмес. Бул таң каларлык көрүнүш!
Колуңузда Ыйык Китепти кармап турганыңызда, адамзаттын тарыхындагы эң так жана анык жазуу булагына ээ болгонуңуздан күмөн санабасаңыз болот! Кудай Анын Сөзүн окуган адамдардын бардыгы Ыйык Китепте Анын ар бирибизге арналган сүйүү каттары бар экендигин билишин каалаган. Алардын тактыгынын сакталышы жөнүндө Өзү кам көргөн.
«БАЛДАРЫҢА КАЙРА-КАЙРА АЙТЫП ҮЙРӨТ»
Балдарына өздөрү эмнеге жана эмне үчүн ишене тургандыгын түшүндүрүүгө аракеттенип жаткан ата-энелерге маанилүү колдоо көрсөткүм келет. Элүү жылдан ашык убакыттан бери жыйын башчыларына жана силердей аталарга кийинки муунга түшүнүлгөн ишенимди жеткирүүдө жардам берип келе жатам. Мунун ишке ашырылышы үчүн бир өтө ынанымдуу түшүндүрүү, же балдарга арналган бир катар окуу семинарларын өткөрүү жетишсиздик кылат. Ишеним менен бөлүшүү ата-эненин балдар менен туруктуу жана үзгүлтүксүз мамилелешүүсүн түшүндүрөт.
Балдарды осуяттарга натыйжалуу үйрөтүү, өздөрүнүн эмнеге жана эмне үчүн ишенип жатышкандыктарын түшүнүшү үчүн бул осуятты аткаруу зарыл: «Аларды үйдө отурганыңда да, жолдо бара жатканыңда да, турганыңда да балдарыңа кайра-кайра айтып үйрөт» (Мыйз. 6:7). Ушундай кылганыңызда, сиз балдарыңыздын «Бул дүйнөдө жаркырап [турушу…] үчүн, кежир, бузулган бул муундун арасында Кудайдын таза, кемчиликсиз уулдары [болушу…] үчүн…» (Флп. 2:15) үмүттөнүп, атанын тогузунчу милдетин аткарган болосуз.
НИКЕЯ ИШЕНИМ СИМВОЛУ
~12~
Онунчу милдет
Баланы ыраазы болууга тарбиялоого аракеттенүү
«Бул адилеттик эмес. Эмне үчүн ага мүмкүн, мага мүмкүн эмес?»
«Мен буга ага караганда көбүрөөк татыктуумун».
«Сен мага милдеттүүсүң! Мен көбүрөөк татыктуумун!»
Бүгүнкү коомчулуктун көпчүлүк бөлүгү өз укуктарын билүү менен чектелип жаткандай сезилет — алар өздөрүн эмгектенбей эле, талап кылууга укугу бардай алып жүрүшөт. Жердин баарында адамдардын өз укуктары тууралуу билдирүүлөрүн угуп жана көрүп жүрөбүз. Көп учурда бул ыраазы эместиктин руху жөнүндө кабар берет.
Жогоруда келтирилген каяша сөздөр аларды айтып жаткандардын жүрөгүндө ыраазычылык жок экендигинин далили. Айланадагы адамдарга карата мындай мамилени кээде өз балдарыбыздан дагы көрөбүз. Албетте, алар бир нерсеге үмүттөнүшөт, максатына жетпей калышканда, даттанышат. Бирок ар дайым даттанып, башка адамдарга нааразычылык менен мамиле кылуу баланын мүнөзүнүн, ал гана эмес дүйнөгө болгон көз карашынын бир бөлүгү болуп калса, келечекте олуттуу терс натыйжалар келип чыгышы мүмкүн. Жүрөгү нааразылыкка толгон адам жогорку деңгээлдеги стресстерге кабылат, ал эми туура мамилелерди түзүүдө көбүрөөк кыйынчылыктарга туш болот. Мындай адам жашоодон алда канча аз кубаныч алат. Бул байкоолорду документалдуу түрдө далилдеген илимий изилдөөлөр бар.
Китептин башында мен сизге: Балаңызга кандай тагдырды каалай турганыңызды билесизби? — деген суроону берген элем. Ыйса бардыгыбызга эмнени кааласа, аларга ошону каалайт болушуңуз керек деген оюмду айткам. Ал бизде Анын кубанычы болушун, кубанычтын толук болушун каалайт (Жкн. 15:11 караңыз). Биз дагы балдарыбыздын кубанып жашашын каалайбыз, туурабы? Алардын жаман иштерден коопсуз болушун, өз кадыр-баркын сезе билген, жашоодо максаты бар, Кудайдан берилген багытка умтулган инсандардан болушун каалайбыз. Балдарыбыздын өмүрүн Машайакка арноодон тышкары, балдарымда ыраазычылыктуу жүрөктү тарбиялоону жогоруда саналып өткөн артыкчылыктарга жетишүүнүн эң жакшы жолдорунун бири деп эсептейм.
Бул багытта жумшаган күчүңүз балдардын жашоосунда ар кандай жааттарда ийгиликтерди алып келет. Жакынкы арада окумуштуулар адамдарга жана жашоого карата ыраазычылык менен мамиле кылуунун негизинде келип чыгуучу оң таасирлерди түшүнүүгө багытталган изилдөөлөрдү жүргүзүштү. Мисалы, 2012-жылы Берклидеги Калифорния универститети Дэвистеги Калифорния университети менен наркы 5,6 млн. долларды түзгөн үч жылдык додлбоордун үстүндө кызматташтыкта иш жүргүзө баштады. Бул долбоор «Ыраазычылыктын теориясын жана практикасын өнүктүрүү»[43] деп аталат. Анын идеясы — медициналык, билим берүү жана уюштуруучулук максаттарда ыраазычылыктын практикасын кеңири жайылтуунун ыкмаларын табуу, андан кийин адамдарга жана жашоого карата ыраазычылыктуу мамиленин натыйжаларына жетишүү.
Доктор Роберт Эммонс, мындайча айтканда, ыраазычылык жаатындагы башкы илимий эксперт, жүздөгөн изилдөөлөр бул кереметтүү адамдык сезимдин физикалык, психологиялык жана социалдык артыкчылыктарын документалдуу түрдө далилдеди, деп ырастады. Ал ыраазычылык сезимде болгондо, төмөнкү өзгөрүүлөргө:
• Бактылуулуктун жана жашоого канааттануунун деңгээлин жогорулатууга,
• Тынчсыздануунун жана депрессиянын деңгээлин азайтууга,
• Иммундук системаны чыңдоого, кан басымын азайтууга, кандайдыр оорулардын белгилерин жана оорукчан туюмдардын пайда болуу ыктымалдыгын азайтууга,
• Уйкунун сапатын жакшыртууга,
• Жаракат алып келүүчү окуялардан кийин көңүлү шат абалга кайтууга жана натыйжалуу реабилитацияга жетишүүгө,
• Өз ара мамилелерди бекемдөөгө, жубайы, үй-бүлөсү жана достору менен жакын мамиле түзүүгө[44] мүмкүндүк түзүлөт, деп белгилейт.
Башкача айтканда, биз ыраазычылыктуу болгонубузда, кыйынчылыктарды жана стресстик кырдаалдарды натыйжалуу жеңүү жөндөмүнө ээ болобуз. Мисалы, ыраазычылыктуу адам, эреже катары, жашоосундагы жолу болбостуктарды жана терс кырдаалдарды азыраак чымыркануу менен тартипке келтирет, ошондой эле ийгиликти чын көңүлү менен кабыл алат. Доктор Мелани Гринберг, клиникалык психология жана саламаттык психологиясы боюнча адис: «Ыраазычылык жүрөктү ачат жана баш мээде кубанычтуу эмоцияларды пайда кылуучу борборлорду жандандырат. Регулярдуу түрдө ыраазычылык айтуу — мээнин нейрондорунун автоматтык түрдө баарына оң таасирденүү менен жооп берүүсүнө алып келет», — деген.[45]
Кудай Сөзүндө: «Бардыгы үчүн ыраазычылык билдиргиле, анткени Кудайдын Машайак Ыйса аркылуу силерге ачылган эрки ушундай», (1 Тес. 51:18) — деп айтылганына таң калууга болобу? Кудай биздин кубанычта болушубузду каалайт, ал эми ыраазычылык — чыныгы кубанычтын негизи. «Теңирди даңктагыла, анткени Ал жакшы, Анткени Анын ырайымы түбөлүктүү», — деп жазган забурчу Дөөт падыша.
Ыйык Жазуу миңдеген жолдор менен бизди ыраазы болуп, Кудайды даңктоого жана кубанууга, демек ыраазычылыктуу жүрөккө ээ болууга үйрөтөт. Иш жүзүндө Кудайды даңктоо жөнүндөгү осуят — Кудайдын чыныгы табиятын жана Анын жасаган иштерин таанууга жана Ага жооп катары урмат-даңк көрсөтүүгө болгон олуттуу сунуш. «Теңирибиз Ыйса Машайактын атынан Кудай Атабызга бардык учурда жана бардык нерсе үчүн ыраазычылык билдиргиле» (Эф. 5:20). Ошондой болсо дагы ыраазы болууга жөндөмдүүлүк адамдын табигый сапаттарынан эмес. Биз туш болгон жагдайлар өзүбүзгө жакпаганда ыраазычылыктуу болуу оңойго турбайт. Ыраазычылыктуу боло билүү — өзүбүздүн мүнөзүбүздө калыптандыра турган сапат.
ЫРААЗЫЧЫЛЫКТУУ БОЛО БИЛҮҮНҮ КАЛЫПТАНДЫРУУ ЗАРЫЛ
Машайакчылыкка жаңыдан келген кезимде ыраазычылыкка анча көңүл бурган эмесмин. Кудайды даңктап, Агы ыраазычык билдирүүнүн зарылчылыгы жөнүндө билчүмүн. Бирок менин дүйнөгө болгон көз карашым үчүн ыраазычылыктын канчалык маанилүү экендигин түшүнө албагам. Башкача айтканда, Ыйса менин кубанычымдын жеткилең болушу үчүн дагы келгенин айтса дагы, ыраазычылыктуу жүрөк менен кубанычтуу жашоонун ортосундагы байланышты көрчү эмесмин. Ыраазычылыкка көз карашым менин жашоомду түп-тамырынан бери жаңырткан бир окуядан кийин өзгөрдү.
Семинариядагы окуумду аяктагандан кийин, жаштарга кыдырып насаат айтууга үмүттөнүп, «Campus Crusade for Christ»[46] деп аталган миссиялык уюмга кошулдум. Ал кезде мен кайраттуу, күчтүү жана тайманбас жаш жигит элем. Жүрөгүм менен туура жолду тандадым, бирок мага чыдамкайлык жетишпеди. Мен эркин саякат жасап, насаат айтууну каалагам, бирок миссияны жетекчилери мени рухий жактан өсүп жетиле элек деп эсептешти.
Кызматка тырышып умтулгандыгымдан, алардын кээ бирин таарынтып алдым. Чындыгында менин ээ-жаа бербеген кызуу кандуулугум аларга көп көйгөйлөрдү жараткан, ошондуктан менин өзгөчө тапшырма алышыма кам көрүштү. АКШ боюнча Жакшы Кабар таратуу турунун ордуна мени Аргентинанынуниверситтик шаарчаларында насаат сөз айтууга жиберишти.
Окуялардын мындай бурулуп кетиши шаабайымды суутту. Мен айлам куругандай болдум. Мындай дайындоо пландарымдын жана үмүттөрүмдүн ишке ашырылышын кечиктирмек тургай, баарын кыйратты, деп кабыл алдым. Ошол убакта эч кимге ыраазычылыгым жок эле жана ыраазы болууга эч себеп көрө алган эмесмин. Албетте, менин терс кабыл алуум Кудайдын бул кырдаалды менин бакубаттуулугум жана Өзүнүн даңкы үчүн колдонорун көрүшүмө тоскоол болду.
Акыры мен дайындоого макул болдум, тапшырманын ийгилиги жөнүндө канчалык сыйынган сайын, алдымда турган маселенин аткарылышына ынтаа кое баштадым, ал эми өз келечегимди Кудайдын колуна тапшырдым.
Акыры мен дайындоого макул болдум, тапшырманын ийгилиги жөнүндө канчалык сыйынган сайын, алдымда турган маселенин аткарылышына ынтаа кое баштадым, ал эми өз келечегимди Кудайдын колуна тапшырдым. Сулайман падышанын: «Ал адил адамдар үчүн куткарылуу сактайт. Ал түз жүргөндөрдүн калканычы. Ал акыйкаттыктын жолдорун сактайт. Ал Өз ыйыктарынын жолун коргойт» (Нак. 2:7–8) — деп айткан акылман сөздөрүн эстедим. Мен Кудайдын ишеничтүү кзматчысы болууну кааладым.
1967-жылы Аргентинага келгенимде, Түштүк Американын университеттери күч алган коммунисттик ишмердүүлүктүн очоктору болуп турган. Мурдагымдай эле, тайманбастан окуялардын борборуна баш-отум менен кирип кеттим.
Бул студенттик шаарчалардын радикалдуу көз караштагы жаштары менен ачык дискуссияда беттештим. Аргентинанын чегинен чыгып, Боливия менен Чилидеги студенттик кампустарды араладым. Эки жылдын ичинде Түштүк Америкада «Campus Crusade for Christ» уюмунун филиалын ачууга аракеттендим. Менин өмүрүмө нечен ирет коркунуч келтирилди. Мени тоношту, мен жасабаган кылмыш үчүн күнөөлөштү, камакка отургузушту. Кээде өзүмө: «Качандыр бир кездерде үйүмө кайтып барамбы?» — деген суроону берчүмүн.
Түштүк Америкада кандай жагдайга кабылганым «Campus Crusade for Christ» уюмунун ошол убактагы президенти Билл Брайтка белгилүү болду. Миссионердик уюмдун мен таарынтып алган жетекчилери кызматтан бошонуп кетишиптир. Ал эми жаңы жетекчилер мага: «АКШга келип, Түндүк Америкадагы университеттердин студенттерине Жакшы Кабар таратуу сапарын уюштурууну каалайсыңбы?» — деген суроону беришти. Менин кыялдарым жана үмүттөрүм эми орундала турган болду. Дөөт падыша туура айткан: «Теңир менен кубан, ошондо Ал жүрөгүңдөгү каалоолорду ишке ашырат» (Заб. 36:4).
АКШга кайтып келгенде, эки жыл бою Түштүк Американын студенттик шаарчаларынан көрүп, изилдеп келген толкундоолордун жана баш аламандыктардын башталып жаткан учуруна туш болдум. Аргентинадан алган тажрыйбамдын негизинде козголоңчулар социалдык көйгөйлөрдү чечүүнүн кандай жолдорун жаштарга сунуштап жатышканын рухий көз караш менен түшүндүм. Бул козголоңдун кайрадан өрчүшүнө натыйжалуу каршы турууга мүмкүндүк берди. Эки жыл «сүргүндөгү» кызматым мен үчүн Кудайдан берилген «машыгуу лагери» болгонун, студенттерге Кудайдын даңкы үчүн жыйырма жыл кызмат кылуума өбөлгө түзгөнүн таң калуу менен байкадым. Бул тажрыйба мени кандай гана шартка туш болгон күндө дагы, Кудайга ыраазы болуп, Анын менин жашоомо карата көздөмүнө бел байлоого үйрөттү.
ЫРААЗЫ БОЛГОН ЖҮРӨКТҮ ТАРБИЯЛООНУН ЖЕТИ ЖОЛУ
Балдарга ыраазы болгон жүрөккө ээ болууга кандайча жардам бере алабыз? Буга байланыштуу жети кеңеш төмөндө келтирилди.
1. Балдарды Кудайга ишеничтүү болууга жана Анын көздөмдөрүнө ишенүүгө үйрөтүңүз. Өзүмдүн Аргентинада «сүргүндө» жүргөнүм тууралуу баянымды балдарга алардын жашоосуна карата Кудайдын көздөмү бар экендигин баамдоого жардам берүү үчүн көп ирет колдонгом. Мен аларга — кандай гана шарттар болбосун, Кудайдын көздөмүнө ишенүү жана Ага ишеничтүү болуу баарынан маанилүү экендигин түшүндүрдүм. Мен ыраазы болгон адаммынбы, же жокпу — бул шарттар аркылуу аныкталбайт. Кудайдын көздөмүнө ишенгендигимден Ага ыраазы болгон болушум керек. Мен кандай гана жагдайга туш болсом дагы, бардык даңк Ага таандык. Мен кандай шарттарда болсом дагы, жүрөгүм ар дайым ыраазы болгон боюнча калышы керек.
Балдарды биздин жашообузду көзөмөлдөп турган Кудайга ишенүү менен жашоого үйрөтүңүз. Римдиктерге жазылган каттын 8-бөлүмүнүн 21-аятын жаттап алыңыз: «Анын үстүнө, Кудайды сүйгөндөргө, Анын каалоосу боюнча чакырылгандарга бардык нерсе жакшылыкка болорун билебиз». Бул сиздин жашооңузда көйгөйлөр болбойт дегенди билдирбейт. Бирок биз иш жүзүндө Кудайга ишеничтүү болсок, Ал жашообуздун биз үчүн эң оор кырдаалдарында дагы даңкталат. Кулчулукка сатылып кеткен Жусуп сыяктуу, биз мындай деп айта алабыз: «Силер мага жамандык ойлодуңар эле, Кудай аны жакшылыкка айлантты. Көп сандаган адамдардын өмүрүн сактап калыш үчүн, ушуну ишке ашырган» (Башт. 50:20).
2. Балдарды өздөрүнүн күнөөкөр экендигин мойнуна алууга үйрөтүңүз. Балдарга машайакчылыктын он эки догматын кабыл алууга жардам берип жатканыңызда, эртеби, кечпи, алгачкы күнөө жөнүндө сөз кыласыз. Бул догматты балдарда ыраазы болгон жүрөктү тарбиялоонун негизи катары колдонуңуз.
Бардыгыбыздын күнөөкөр экендигибизди жана Кудайдан бөлүнгөндүгүбүздү түшүндүрүп жатканыңызда, адамдык күнөөкөр табият бизге эч кандай артыкчылык сезим бербей тургандыгын айтып бериңиз. Кудайдын жеткилең адилдиги биздин Аны менен мамиле түзүп, кубануубузга жол бербейт. Анын бизге болгон ырайымын актай ала турган жакшы сапат бизде жок. «Ыйык Жазууда жазылгандай: “Бир да адил адам жок… Бардыгы жолдон чыгышты, бирөө да жарактуу эмес. Жакшылык кылган адам жок, бирөө да жок”» (Рим. 3:10, 12).
Күнөөлүү экендигибизди мойнубузга алып, өзүбүздү күнөөкөр катары баамдап түшүнгөнүбүздөн кийин гана Кудайдын ырайымын эч кандай иш-аракет менен иштеп таба албай турганыбызды түшүнө алабыз. Бул аркылуу Анын бизге көрсөткөн ырайымына карата чексиз ыраазычылык сезимге ээ болобуз.
3. Балдарды Кудайдын кереметтүү ырайымдуулугуна суктанууга үйрөтүңүз. Кудай Ыйсанын кейпинде келип, биздин күнөөлөрүбүз үчүн аеосуз өлүмдү кабыл алганын балдарга түшүндүрүңүз. Биз тобо кыла элек күнөөкөр болуп турган абалыбызда, Ал биз үчүн өлгөн. Биз Андан баш тарттык, бирок Ал бизди кабыл алды. Ыйса мындай деп айтып жатат: «Силер Менден баш тарткандырсыңар, бирок Мен силерден баш тартпайм. Силер Мен үчүн өзгөчө маанилүүсүңөр, силер менен кайрадан жакын мамиледе болуш үчүн эң чечкиндүү чараларды көрүүгө даярмын. Силерди өлүмдөн куткарып, Менсиз түбөлүк жалгыздыкта калбашыңар үчүн, Мен силер жашап турган дүйнөгө Адам катары келем». Балдарга Ыйсанын бейкүнөө өлүмү жөнүндөгү ырайымга толгон, кереметтүү окуяны улам-улам кайталап айтыңыз. Аларды Кудайдын жеткилең ырайымына суктанууга үйрөтүңүз. Өзүбүздүн канчалык күнөөкөр экендигибизди жана Кудайдын ырайымынын чексиздигин баамдап түшүнгөнүбүздө, жүрөгүбүз ыраазычылыкка толот.
4. Балдарга эмгектенүү ыраазычылыкты жетилте тургандыгын түшүндүрүңүз. Ыйса мындай деп айткан: «…эмгектенген адам эмгек акысын алууга татыктуу» (Лк. 10:7). Пабыл дагы муну кайталаган: «Аракетиңерден жазбагыла, рухуңарды жалындаткыла, Теңирге кызмат кылгыла» (Рим. 12:11). Дотти экөөбүз балдарыбызга алардын үйдөгү аткарган милдеттери үчүн сыйыбызды билдирүүнү эреже кылып алганбыз. Балдар үйдү иретке келтирүү, газондорду кыркуу жана үй тиричилигиндеги башка иштерди аткарууда команданын мүчөсү болууга үйрөнүшкөндө, эмгеги үчүн көрсөтүлгөн сыйды көбүрөөк баалашат. Кылган эмгеги үчүн көрсөткөн сыйыңызды баалай билишине жардам бериңиз. Кээ бир учурда биз белектерди жөн гана беребиз. Бирок аткарган оор эмгеги үчүн белек ыйгаруу — ыраазы болгон жүрөктү тарбиялоонун чарасы.
5. Балдарды өздөрүнүн үмүттөрүн күчөтпөөгө үйрөтүңүз. Күтүүлөргө чек коюунун көп артыкчылыктары бар. Өзгөчө, кийинчерээк биз үмүттөнгөнгө караганда ишибиз ордунан алда канча артык чыкканда — жагымдуу таң калууга туш болобуз. Балдарга арналган белектер, же алардын каникулга карата үмүттөнүүлөрү жөнүндө ушундай эле айтсак болот. Балдарды өтө кымбат белектерди күтпөөгө үйрөтүңүз. Натыйжада, алардын күтүүлөрүнөн ашып түшүүгө көбүрөөк мүмкүндүк аласыз, алар болсо жагымдуу таң калууну баштарынан өткөрүшөт.
Дотти экөөбүз балдарды эч качан Ыйсанын туулган күнүнө, же алардын жеке майрамдарына, каникулдагы көңүл ачууларга байланыштуу ашкере үмүттөндүрчү эмеспиз. Бул абдан орундуу саясаттын ишке ашырылышы балдарда ыраазычылыктуу жүрөктү тарбиялоодо жардам берет.
6. Балдарды ыраазычылык күндөлүгүн жазып жүрүүгө үйрөтүңүз. Балдардан мүмкүн болушунча ар бир күнү алардын кимге же эмнеге ыраазы экендигин суроону адатка айлантыңыз. Ыраазы болгон жана ынтымактуу үй-бүлө болуу — Ыраазычылык күнүндө гана күчүндө боло турган салт эмес, бул ар бир күнү ишке ашырылуучу практика. «Бул күндү Кудай жараткан: бул күнү кубаналы, көңүлүбүздү көтөрөлү!» (Заб. 117:24). Балдар ар күнү, кичинекей себеп болсо дагы, эмнеге же кимге ыраазы экендигин айтуу аркылуу ыраазычылыгын билдирүүгө үйрөнүшсүн. Ушундай практика аларда ыраазы болгон жүрөктү тарбиялоого жардам берет.
7. Балдарды ыраазычылыктын үлгүсү болууга үйрөтүңүз. Балдарыңыз сиздин кимге же эмнеге ыраазы экендигиңизди көрүшсүн, ар күнү ыраазычылыгыңыз жөнүндө кандайча айтып жатканыңызды угушсун. Ар дайым Кудайга — күндөлүк тамак-ашыңыз; жашап жаткан үйүңүз; сиз жөнүндө кам көрүп жаткан аялыңыз; пайдаланып жаткан машинаңыз; асманда жаркыраган күн; көз жоосун алган гүлдөр жана башка көптөгөн нерселер үчүн ыраазычылыгыңызды айтып, ыраазы болгон маанайды түзүңүз. Сиздин Кудайды Анын көрсөткөн камкордугу жана коргоосу үчүн даңктаганыңызды канчалык көп угушса, сиздин жүрөгүңүздөгү ыраазычылыкты канчалык терең сезишсе, алар дагы ыраазычылыктын үлгүсү болору анык.
Соңку сөз
«Мүмкүн болушунча, колумдан келген аракеттин баарын жасайм»
Бул китепте баяндалган атанын он милдети сиздин балдарыңыз менен болгон мамилеңиздин ажырагыс бөлүгү болуп калсын. Ошондо сизге алардын жашоосунда маанилүү роль берилет. Бул чындыктар сүйүүгө толгон жүрөктөн жана сүйүү менен айтылууга тийиш экендигин эсиңизден чыгарбаңыз. Адеп-ахлактык негиздер балдарыбыздын аң-сезимине гана кирбестен, мындан дагы маанилүүсү — алардын жүрөгүнөн орун алып, жашоодогу багытын аныктоого тийиш. Менин балдарым жетилип, өздөрү үй-бүлөлүү болушту. Алардын балалык кезине кайрылып көз чаптырсам, бардыгын эле туура жасадым деп айта албайм. Эч жаңылган жокмун деп эч ким айта албастыр. Бирок мен, сиз сыяктуу эле, бактыма жараша, ошол убакта ээ болгон билимиме таянып, мүмкүн болушунча колумдан келгенин жасадым деп айта алам.
Неберелерим менен алектенип жатканымда, ошол кездерге караганда акылдуураак жана чыдамкайыраак болуп калганымды сездим. Мен аталык тажрыйбага ээ болгонумда, балдарым чоңоюп, өз алдынча жашап калышты. Чындыгында, ушундай болууга тийиш. Аталык милдетти аткарып жатканыңызда, сиз дароо эле ошол убакта, «өндүрүштөн алыстабай туруп» тажрыйба аласыз. Бул үчүн сизге жеткиликтүү болгон бардык ресурстарды колдонуңуз жана мүмкүн болушунча, колуңуздан келген нерсенин бардыгын жасаңыз. Теңир сиздин аракеттериңизге батасын берсин!
Эмоциялык муктаждыктарды аныктоо үчүн тесттер
Төмөндө келтирилген элүү тыянактын ар биринин тушуна сиздин пикириңизге көбүрөөк туура келген — 2 ден + 2 ге чейинки сандарды жазыңыз. Тестти өтүп бүткөнүңүздөн кийин алынган маалыматтан корутунду чыгарасыз. Аялыңыздан ушул тестти өтүүнү сураныңыз. Эгерде балдарыңыз өспүрүмдөр болсо, аларга дагы ушул тесттен өтүүнү сунуш кылсаңыз болот. Ал эми кичүү жаштагы балдардын бул тесттин суроолорунан кандай таасирденгенин байкап, баалоо жүргүзгөнүңүз туура болор.
Таптакыр макул эмесмин |
Макул эмесмин |
Жооп берүү мен үчүн кыйын |
Макулмун |
Толугу менен макулмун |
-2 |
-1 |
0 |
+1 |
+2 |
___ 1. Башкалардан бир аз айырмаланып турганыма карабастан, мен кандай болсом, ошондой кабыл алышканы мен үчүн маанилүү.
___ 2. Финансылык туруктуулук мен үчүн абдан маанилүү.
___ 3. Кээде башкалардын колдоосуна ээ болуш үчүн кылган аракеттеримден өзүм чарчайм.
___ 4. Башкалардын менин пикирим менен эсептешкени мен үчүн маанилүү.
___ 5. Мен өз жашоомду достук саламдашуу, кучакташуу жана башка жакшы мамиленин белгилерисиз элестете албайм.
___ 6. Айланадагылардын мага көңүл бөлгөнү мен үчүн жагымдуу.
___ 7. Колунда бийлиги бар адамдардын мага кандай мамиледе экендигин билүү мен үчүн маанилүү.
___ 8. Кимдир бирөө менин муктаждыгымды байкап, жардам сунуш кылганын баалайм.
___ 9. Кээде мен өзүмдү алсыз сезем, ошондо кимдир бирөөнүн мага тилектеш болуп, жүгүмдү жеңилдетишине муктажмын.
___ 10. Кимдир бирөө менин жан-дүйнөмдүн абалын байкап, мага боору ооруса, бактылуу болом.
___ 11. Менин жасап жаткан ишимди башкалардын баалашын каалайм.
___ 12. Жалпысынан алганда, мен жалгыздыкты анча жакшы көрбөйм.
___ 13. Мен жакшы көргөн адамдардын мага: «Мен сени сүйөм», — деп айтышын каалайм.
___ 14. Башкалардын мени коллективдин бир бөлүгү катары гана кабыл алышканы мага жетишсиз. Мага жекече баа беришкени мен үчүн маанилүү.
___ 15. Кимдир бирөө жөн гана баарлашуу үчүн мага телефон чалганда, өзүмдү бактылуу сезем.
___ 16. Менин кылган ишимди гана эмес, өзүмдү дагы урматташканы мен үчүн маанилүү.
___ 17. Менин жашоом тартипке келтирилип, кандайдыр бир деңгээлге чейин алдын ала биле тургандай болсо, өзүмдү жакшы сезем.
___ 18. Айланамдагы адамдар менин ишке кошкон салымымды баалап, мага ыраазы болушса, мен кубанам.
___ 19. Достук маанайдагы адамдардын арасында иштөө мага өзгөчө жагат.
___ 20. Башкалар менин күчтүү жактарымды жана талантымды байкашканда, мага жагымдуу болот.
___ 21. Кээде мен өзүмдү иренжиген, маанайы пас адам катары сезем.
___ 22. Мага жынысымдан, улутумдан, ынанымдарымдан жана социалдык статусумдан көз карандысыздыкта ак ниеттүү мамиле кылышса деп кыялданам.
___ 23. Мен үчүн сүйүүнү денелик жактан билдирүү — никенин ажырагыс бөлүгү.
___ 24. Кимдир бирөө мени менен гана убакыт өткөргүсү келгенде, мага жагымдуу болот.
___ 25. Кимдир бирөө менин кылган ишимди байкап: «Азаматсың!», — десе, мага жагымдуу болот.
___ 26. Оор жумуш күнү аяктагандан кийин, колдоону жана камкордукту сезүү мен үчүн маанилүү.
___ 27. Өзүмдүн таланттарыма жана жөндөмдөрүмө ишенсем дагы, жардамды кубануу менен кабыл алам.
___ 28. Стресске кабылып, же алсыз болуп турганымда, айланадагы адамдардын боорукердик кылып, соороткону мен үчүн абдан маанилүү.
___ 29. Мени макташканда, мага жагымдуу.
___ 30. Мени жактаган адамдардын арасында болуу мага жагат.
___ 31. Мен өзүмдү таарынчаак адам катары эсептейм.
___ 32. Менин жашоомо, же иш тартибиме таасир берүүчү чечимдерди кабыл алууда менин пикиримди угушканы мен үчүн маанилүү.
___ 33. Кимдир бирөө менин ишиме карата кызыгуусун көрсөтсө, өзүмдү бактылуу сезем.
___ 34. Менин жетишкендиктеримдин маанилүүлүгүн белгилеген сыйлыктарды, артыкчылык белгилерин, байгелерди алуу мага жагат.
___ 35. Кээде келечек жөнүндө кабатыр болом.
___ 36. Бейтааныш шартка туш болгонумда, дароо тил табыша турган адамдарды издейм.
___ 37. Жашаган жеримди, жумушумду, окуумду алмаштыруу, же башка өзгөрүүлөр жөнүндөгү ой мени тынчсыздандырат.
___ 38. Айланадагылардан өзгөчөлөнүп кийинген, же өзүн башкача алып жүргөн адамдарга карата калыс эмес мамиле менин тынчымды алат.
___ 39. Мени менен кубанычта жана кайгыда бирге болуучу досторго жана жакын адамдарга муктажмын.
___ 40. Менин кылган ишим үчүн мага ыраазычылык айтышканда, өзүмдү бактылуу сезем.
___ 41. Мен үчүн кимдир бирөөнүн сыйынып жаткандыгын билүү мен үчүн маанилүү.
___ 42. Башкаларды манипуляция кылууга аракеттенген адамдар мага жагымсыз.
___ 43. Менин аракетимсиз, өз демилгеси менен сүйүү көрсөтүшсө, өзүмдү бактылуу сезем.
___ 44. Айтып жаткан сөзүмдү менин көзүмө карап, чындап угушканда кубанам.
___ 45. Мени кандайдыр жакшы жана туура нерсе үчүн макташканда, өзүмдү бактылуу сезем.
___ 46. Оор кырдаалда мени жакын досумдун колдошу мен үчүн маанилүү.
___ 47. Мен жалгыз иштегенди жактырбайм, ынтымактуу жамаатта эмгектенгенди артык көрөм.
___ 48. Өзүмдү жамааттын бир бөлүгү катары сезүү мен үчүн маанилүү.
___ 49. Мени сүйгөн адамдын мага тилектеш болуп, камкордук көргөнүн баалайм.
___ 50. Мен өз алдынча эмес, жамаатта иштегенди артык көрөм.
КАБЫЛ АЛУУ
1. Төмөнкү тыянактар боюнча жоопторуңуздун суммасын жазыңыз (–2, –1, 0, +2, +1):
1 ____
19 ___
36 ___
38 ___
48 ___
Бардыгы ____
Бул жооптор сиздин кабыл алууга муктаждыгыңыз жөнүндө маалымат берет.
ӨЗҮН КООПСУЗДУКТА СЕЗҮҮ
2. Төмөнкү тыянактар боюнча жоопторуңуздун суммасын жазыңыз (–2, –1, 0, +2, +1):
2 ____
17 ___
35 ___
37 ___
39 ___
Бардыгы ____
Бул жооптор сиздин өзүңүздү коопсуздукта сезүүгө муктаждыгыңыз жөнүндө маалымат берет.
АРДАКТОО
3. Төмөнкү тыянактар боюнча жоопторуңуздун суммасын жазыңыз (–2, –1, 0, +2, +1):
16____
18 ___
20 ___
34 ___
40 ___
Бардыгы ___
Бул жооптор сиздин урматтоого муктаждыгыңыз жөнүндө маалымат берет.
ШЫКТАНДЫРУУ
4. Төмөнкү тыянактар боюнча жоопторуңуздун суммасын жазыңыз (–2, –1, 0, +2, +1):
3 ____
15 ___
21 ___
33 ___
41 ___
Бардыгы ___
Бул жооптор сиздин шыктандырууга муктаждыгыңыз жөнүндө маалымат берет.
СЫЙ
5. Төмөнкү тыянактар боюнча жоопторуңуздун суммасын жазыңыз (–2, –1, 0, +2, +1):
4 ____
14 ___
22 ___
32 ___
42 ___
Бардыгы ___
Бул жооптор сиздин сыйга муктаждыгыңыз жөнүндө маалымат берет.
СҮЙҮҮ
6. Төмөнкү тыянактар боюнча жоопторуңуздун суммасын жазыңыз (–2, –1, 0, +2, +1):
5 ____
13 ___
23 ___
31 ___
43 ___
Бардыгы ___
Бул жооптор сиздин сүйүүгө муктаждыгыңыз жөнүндө маалымат берет.
КӨҢҮЛ БӨЛҮҮ
7. Төмөнкү тыянактар боюнча жоопторуңуздун суммасын жазыңыз (–2, –1, 0, +2, +1):
6 ____
12 ___
24 ___
30 ___
44 ___
Бардыгы ___
Бул жооптор сиздин көңүл бөлүүгө (камкордукка) муктаждыгыңыз жөнүндө маалымат берет.
ЖАКТЫРУУ
8. Төмөнкү тыянактар боюнча жоопторуңуздун суммасын жазыңыз (–2, –1, 0, +2, +1):
7 ____
11 ___
25 ___
29 ___
45 ___
Бардыгы ___
Бул жооптор сиздин жактырууга муктаждыгыңыз жөнүндө маалымат берет.
СООРОТУУ
9. Төмөнкү тыянактар боюнча жоопторуңуздун суммасын жазыңыз (–2, –1, 0, +2, +1):
10 ____
26 ___
28 ___
46 ___
49 ___
Бардыгы ___
Бул жооптор сиздин сооротууга муктаждыгыңыз жөнүндө маалымат берет.
КОЛДОО
10. Төмөнкү тыянактар боюнча жоопторуңуздун суммасын жазыңыз (–2, –1, 0, +2, +1):
8 ____
9 ___
27 ___
47 ___
50 ___
Бардыгы ___
Бул жооптор сиздин колдоого муктаждыгыңыз жөнүндө маалымат берет.
Эскертүүлөр
1
Протестанттык деноминациядагы Машайакчылардын арасында кеңири жайылтылган, англис тилиндеги «What Whould Jesus Do?» («Ыйса эмне кылмак?») деген сүйлөмдүн кыскартылып алынган белгиси. —
2
«Джош эмне кылмак?» деген сүйлөм англис тилинде: «What Whould Josh Do?»- айтылат. —
3
«Teens Look to Parents More Than Friends»,
4
Ibid.
5
Jeffrey Rosenberg and W. Bradford Wilcox, «The Importance of Fathers in the Healthy Development of Children», publication of U.S. Department of Health and Human Services, 2006, http://childwelfare.gov/pubs/usermanuals/father-hood/fatherhood.pdf.
6
«Talking to Your Teen About Sexuality», publication of Hillsborough County University of Florida Extension, http://hillsboroughfcs.ifas.ufl.edu/FamilyPubsA-Z/sexuality.pdf.
7
Josh and Dottie McDowell,
8
Ушул абзацтагы Ыйык Китептен алынган цитаталар (акыркысынан башкасы) англис тилинен эркин которулган түрдө берилди. —
9
Синодалдык котормо: «…чындыкты сүйүү менен айтып, бардык жагынан Башчыбыз Машайакка окшоп өсүшүбүз үчүн дайындады». —
10
The Commission on Children at Risk,
11
Drawn from Josh McDowell and Sean McDowell,
12
«Балдар үчүн Ыйык Китеп» (Accepted Kids Version). Синодалдык котормо: «Анткени Кудайдын Теңирибиз Машайак Ыйса аркылуу көрсөткөн сүйүүсүнөн… эч бир нерсе ажырата албастыгына толук ишенемин». —
13
Howard Culbertson, «When Americans Become Christian», research publication of Southern Nazarene University, August 26, 2009, http://home.snu.edu/~hculbert/ages.htm.
14
Ыйык Жазуунун еврей тилиндеги оригиналында «коркуу» деген сөз «урматтоо» деген мааниде берилген. —
15
Презентацияны акы төлөөсүз көчүрүп алуу үчүн менин өздүк сайтыма кириңиз: www.josh.org жана шилтемелерди колдонуп, «Кун төлөп куткарып алуу салтанатын» өз алдынча өткөрүү үчүн бардык нускамалар менен таанышыңыз. —
16
Геймбой (
17
Walter Bruce,
18
Charles Caldwell Ryrie, ed.,
19
Кевин жаштарды жана алардын ата-энелерин азыркы Кудайды тааныбаган дүйнөдө балдарды коркунучтардан ийгиликтүү коргоого үйрөтүүгө арнаган. Джейн жаштарды жана чоңдорду кесипкөйлүк жаатында багыттоодо зор тажрыйбага ээ. Алардын сунуштары менен пайдаланууну кааласыңыз, www.LifeKeys.com сайтына кириңиз. Ошол эле сайттан чоңдорго арналган «Ким экениңди бил» деп аталган китепти жана окуу куралын таба аласыз. Ушул басылмалар менен таанышыңыз. —
20
Кичи лига — сегиз жаштан он эки жашка чейинки балдар үчүн бейсбол лигасы. —
21
Иннинг — бейсболдогу оюндун мезгили. Ар бир иннинг эки бөлүктөн турат: 1-бөлүк — бир команда коргонууда, экинчиси чабуулда ойнойт; 2-бөлүк — командалар орун алмашышат. —
22
Ыйык Китептин англис тилиндеги котормосунда «masterpiece» — шедевр деген сөз колдонулган. —
23
Мт. 9:36; 14:14; 15:32; 20:34; Мк. 1:41; 6:34; 8:2 караңыз. —
24
Кошумча маалымат алуу үчүн биздин китеп басып чыгаруучулар командабыз менен кызматташтыкта чыгарылган «Жалгандан бөлүнгөн чындык» деп аталган китептерди колдонуңуз. Китептерден тышкары, балдар жана өспүрүмдөр үчүн чакан группалык сабактар бар. Алар жөнүндө менин өздүк сайтымдан www.josh.org билсеңиз болот. —
25
Marcela Raffaelli, Karen Bogenschneider, and Mary Fran Flood, «Parent-Teen Communication about Sexual Topics»,
26
Adapted from chapter 11 of Josh and Dottie McDowell,
27
McDowell, adapted from chapter 2, 26–31.
28
McDowell, adapted from chapter 3, 35–43.
29
Бул ресурстар менен менин жеке сайтымда тааныша аласыз: www.josh.org. —
30
Josh McDowell and David H. Bellis,
31
David Kinnaman and Gabe Lyons,
32
Pew Research Center Study, Hope Yen, as cited in «Generation Gap Is Widest Since 1960s»,
33
Christian Smith,
34
Орус тилинде бул китеп «Кудай сүйүү эмес: Дин кандайча баарын ууландырып жатат» деген аталышта басып чыгарылган. М.: Альпина нон-фикшн, 2011. —
35
Josh McDowell and Sean McDowell,
36
Smith, 89.
37
Alan Hirsch,
38
«Өзгөрүлбөс чындык» деп аталган китебим менин «Ыйык китептин чындык экендиги жөнүндө күбөлүк далил: ой жүгүртүүгө түрткү жана чечим кабыл алууга негиз», «Айтылган сөздүн баарына ишене бербе», «Жөн эле уста болбогон», «Жакшылык менен жамандыктын ортосунда», «Күтүүнүн зарылдыгы барбы?», «Баланын көз алдында кантип кадырлуу болобуз» деп аталган китептеримдин негизинде жазылган. Алар менен менин сайтымда тааныша аласыз: www.josh.org.
Менин сайтымдан, же ушул китептин аягынан өспүрүмдөр жана кенже жаштагы балдар үчүн арналган «Биз эмнеге жана эмне үчүн ишенебиз» деп аталган материалга шилтемелерди таба аласыз. Жакында уулум экөөбүз Кудай жана Ыйык Китеп жөнүндөгү көп берилүүчү суроолорго жооптордун жыйнагынын үстүндөгү жумушубуздун аягына чыктык. Бул китеп балдар берүүчү көптөгөн татаал суроолорго жооп берүүдө бизге баалуу өбөлгө боло алат. Менин сайтымдан аны «Балдар жоопту талап кылышат» деген аталышта таба аласыз. Бул китеп сизге гана эмес, балдарыңызга да ишенимде бекемделүүгө жардам берет. Кененирээк маалыматты ушул китептин аягынан окуй аласыз. —
39
Акысыз көчүрүп алууга мүмкүн болгон бул окуу куралдары машайакчылык ишенимдин үч түркүгүнө ишенүүнүн себептерин көрсөтүүнү кызыктуу жана мазмундуу уюштурууңузга жардам берет. Бул окуу куралдарын www.josh.org/RC1, www.josh.org/RC2, www.josh.org/RC3 сайттарынан таба аласыз. —
40
Josh McDowell,
41
McDowell,
42
McDowell,
43
Steven E.F. Brown, «Thanksgiving: The Power of Gratitude»,
44
Robert Emmons, «Why Gratitude Is Good», as adapted in «Why Practice Gratitude?»
45
As quoted in Melanie Greenberg, «The Mindful Self-Express»,
46
«Campus Crusade for Christ» — дүйнөнүн 190дон ашык өлкөсүндө Жакшы Кабар таратуу жана насаат айтуу аркылуу кызмат кылган эл аралык машайакчылык миссия. 1996-жылы «USA Today» газетасы бул миссияны АКШнын эң ири жакшы Кабар таратуучу уюму деп атаган. —