Биз баарыбыз кандайдыр бир деӊгээлде бир нерседен коркобуз, ар кимибизди өзүбүздүн коркунучтарыбыз азапка салат. Бирок Макс Лукадо бизди кубантууга шашылат: коркунучтан чыгуу жолу бар! Ал бул жаӊы китебинде — Өзүнүн шакирттерин коркпостукка үйрөткөн Ыйса Машайактын сөздөрүнүн үстүнөн ой жүгүртүүгө окурмандарын чакырат, ошондой эле, коркунучтан айыктыруучу таасирдүү дарыны сунуш кылат.
Макс Лукадо
ЭР ЖҮРӨКТӨРР
Сиздин жашооӊузда мындан ары коркунуч болбой турганын элестетип көрүӊүз
ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРҮҮЛӨР
Эгерде бул китепти үйгө салыштыра турган болсок, анда аны куруучу топ менен таанышып алыңыздар (сураныч, кимдин аты аталса, ордуңуздардан туруп, баш ийкеп туруңуздар).
Редактор — Лиз Хини жана Карен. Чын эле бул биздин жыйырма бешинчи китебибизби? Силер экөөңөр тең алтын медалга татыктуусуңар. Жүздөгөн бөлүмдөр, миңдеген кеңештер, миллиондогон кубанычтуу көз ирмемдер үчүн — силерге рахмат.
Стив жана Черил Грин. Күн өз уясынан кайра чыгууну унутуп калышы мүмкүн, бирок силер эч нерсени унутпайсыңар, өз ишиңерди бүтүрмөйүнчө тынчтанбайсыңар. Экөөңөрдү тең жанымдай жакшы көрөмүн.
Кэрол Бартли, техникалык редактор. Эгерде сиз мейкин талаага билек түрүп ишке киришсеңиз, анда ал жердеги отоо чөптөрдүн бири калбай жок болмок. Мыкты эмгегиңер үчүн рахмат!
Сюзан жана Грег Лигон, Дэвид Моберг жана «Thomas Nelson» басмаканасынын бардык кызматкерлери. Силер — чыгармачыл күчтүн тирүү булагысыңар. Мен силерге канчалык ыраазычылык билдирсем дагы аздык кылат.
Дэвид Друри, илимий редактор. Ар бир сунуш — өз убагында берилген сунуш. Ар бир оңдоп-түзөтүү — баалуу.
Дэвид Трит, биздин сыйынуудагы бир тууганыбыз. Башынан аягына чейин биргелешкен сыйынууларыбызда бизди ишенимдүүлүк менен жетектеди. Сага ырайым гана каалайм!
Рэнди Фрази, башкы кайтаруучу. Силер Розанна менен биргеликте биздин жүрөгүбүзгө кубанычты, а жумушчу күнүбүзгө болсо тынчтыкты жана бейпилдикти алып келдиңер. Биз силерге ыраазыбыз!
«UpWords Ministry» уюмунун кызматкерлери. Радиопрограммалардын жана вебсайттардын үстүнөн иштегениңер үчүн, мага жанаша отуруп, мени чыдамдуулук менен көтөрмөлөгөнүңөр үчүн ордубуздан туруп кол чабабыз.
«Oak Hills» жыйыны, биздин жыйырма жылдан берки руханий үй-бүлөбүз. Жакшы жылдар али алдыда.
Дженна, Андреа жана Сара, биздин кыздарыбыз. Силердин ар бириңер бул китепке олуттуу салым коштуңар. Силер цитаталарды издеп, баштапкы булактарды табууга аракеттендиңер. Менин жүрөгүм силер үчүн сыймыктанууга толгон. Ошондой эле, Бретт Бишоп — биздин үй-бүлөгө кош кел! Кудай Дженна экөөңөргө мол баталарын берсин.
Жана менин аялым Деналин. Асман периштелеринин көрүнүшү эми мени таң калтыра албайт. Анткени сендей периштеге үйлөнгөнүмө жыйырма жети жыл болду. Сени сүйөмүн!
1-БӨЛҮМ
БИЗ ЭМНЕ ҮЧҮН КОРКОБУЗ?
…Эмне мынча корктуңар, ишеними аздар?
Сиздерге да менин агам жакмак болуш керек. Анткени ал бардыгына жага турган. Наабайканада жабылган нандар сымал, Диде күн сайын жылуулуктун толкунундай болуп, жаны достор пайда болуп турчу. Кол алышып учурашуулары — ачык жана энергиялуу; күлкүсү — шатыран-шатман жана башкаларга дагы жугуштуу. Ал бир да бейтааныш адамдын көпкө чейин бейтааныш бойдон калышына жол берчү эмес. Мен, анын уялчаак кичүү иниси, экөөбүз үчүн таанышып коюуну ага калтырчумун. Биздин көчөбүзгө жаңы үй-бүлө көчүп келгенде же оюн аянтчасына жаңы оюнчу келгенде, Ди аларга элчи катары барчу.
Бирок ал жеткилең куракка жетерден бир канча жыл мурда, жашоосунун таш талканын чыгарган — жашы жетпегендерге сыра сата турган бутлегер менен таанышып алды. Алкоголдук ичимдик биздин экөөбүзгө тең көптөгөн көйгөйлөрдү алып келди, бирок мен аны өзүмөн түрттүм, а агама болсо ал уйгактай жабышып алды. Кийинки кырк жыл аралыгында менин агам, өз өмүрүнүн акыркы эки жылын кошпогондо, ден-соолугун, жакындары менен болгон өз ара жылуу мамилесин, жумушун, акчасын жана бүт колунда болгонунун баарын ичип түгөттү.
Ким билет, эмне үчүн бекем чечкиндүүлүк кээде баарын жеңип чыгат, кээде болсо жеңилип калат? Бирок элүү беш жашында менин агам өзүнүн эркин колуна алды жана соо жүрүүнүн сезонун ачты.
Ал ичимдикти токтотуп, никесин бекемдеди, балдарына көңүл бура баштады, өзүнүн арак сатчу дүкөнүн «Жашыруун араккечтердин» айыгуучу жайына алмаштырды. Бирок мурдагы ден соолукка зыяндуу өткөргөн жашоо образы өз тагын калтырды. Отуз жыл бою күнүнө үч кутудан тамеки чеккендиктен анын жүрөгү жанчылган этке айланып калыптыр.
Мен бул китепти жаза баштаганда, январь айынын бир түнүндө Ди аялы Доннага дем алуусу кыйындай баштаганын айтат. Ал бул көйгөй боюнча даарыгердин кабыл алуусуна кезекке жазылып койгон болчу, ошондуктан жөн гана уктап калганга аракет кылат. Анан үргүлөп уктап кетет. Бирок таңкы төрттөр чамасында көкүрөгү ушунчалык катуу ооруганынан улам ойгонот, «тез жардамды» чакырганга туура келет. Дарыгерлер Дини тез жардамдын машинесине салышып, Доннага болсо алардын артынан ооруканага барууну сунушташат. Бирок ал уулдарынын бирин ээрчитип алып ооруканага келгенде, Динин көзү өтүп кеткен эле.
Кабыл алуу бөлүмүндө аларга бул кабарды угузушту жана Ди жаткан палатага кирүүнү сунуш кылышты. Алар бирин-бири колдоп, кайраттанып эшикти ачышты жана Дини көргөндө катып калышты. Ал алаканын санына коюп, эки бармагын, ортоңку жана аты жокту ичкери бүгүп, баш бармагын болсо ачып коюптур — бул Америкада жалпыга маалым болгон «силерди сүйөмүн» деген жест эле.
Муну укканда агамдын жер бетиндеги жашоосунун акыркы көз ирмемдерин элестеткенге аракет кылдым: айланада караңгы Техас түнү, кең жолдо зымыраган «тез жардам» бара жатат, дарыгерлер бирдемени сүйлөшүп, а Динин жүрөк кагылышы жайлап, акыркы мүнөттөрү экенин өзү сезип турат. Ар бир дем алуу үчүн күрөшүп, кайсы бир мезгилде ал өзүнүн дем алуусу токтоорун түшүндү. Бирок дүрбөлөңдүү коркунучтун ордуна ал өзүнөн кайраттуулукту издеди.
Балким, сизге дагы бул ыкманын жардамы тийип калаар. Анткени бул «тез жардамда» алып баратышканда гана керек эмес. Балким, сиз жүрөгүңүздүн акыркы кагылышына жакындап келе элек чыгарсыз, бирок акыркы айлыкка, акыркы маанилүү чечимге, ишенимдин айласыз абалына жакындап келген чыгарсыз. Ар бир аткан таң өзү менен кошо коркунуч үчүн жаңы себептерди ала келет.
Бизге жумушубуздан жалпы бошотуулар, экономикалык кризистер, Жакынкы Чыгыштагы конфликттердин курчушу, бийлик башындагылардын радикалдуу алмашышы, турак-жай рыногундагы баалардын өзгөрүшү, глобалдык ысып кетүү коркунучтары, Аль-Каида уюмунун жаңжалдары жөнүндө айтышат. Кээ бир адамдар коллекциялык винолордун запасын көбөйтүшкөндөй, акылынан адашкан кайсы бир диктаторлор ядролук согуш куралдарынын запасын көбөйтүшөт. Чочко гриппи үчүн мамлекеттик чек ара деген жок. «Терроризм» деген сөздүн уңгусу — «террор», башкача айтканда коркунуч. Масс-медиа бизди ушунчалык үмүтсүздүккө түшүрө турган жаңылыктарды көп айткандыктан эскертүүчү билдирүүлөрдү бергенге туура келет: «ЭТИЯТ БОЛГУЛА: бул жаңылыкты Исландиядагы өзүңөрдүн бомбадан калкалануучу ишенимдүү жайыңарга кирип алып укканыңар оң».
Биз соттук доолордон, кечигүүлөрдөн, банкрот болуудан, далыбызга чыккан калдан, биздин кварталда пайда болгон жаңы өспүрүмдөрдүн тобунан, бизди мүрзөгө жакындатып жаткан сааттын тыкылдаган үнүнөн коркобуз. Биз өзүбүздүн инвестицияларыбызды мыкты жайгаштырабыз, коопсуздук системаларын кылдаттык менен иштеп чыгабыз, согуштук күчтөрдү өркүндөтүү үчүн добуш беребиз, бирок баары бир адамзат тарыхындагы башка муундарга караганда, транквилизаторлорго көбүрөөк көз карандыбыз. Анысы аз келгенсип, «бүгүнкү күндө балдар 1950-жылдардагы психиатриялык клиникалардын пациенттерине караганда коркунучту көбүрөөк сезишет»[1].
Сыягы, коркунуч жүз жыл катары менен кадам сайын кол жеткен дүкөндөрдү курууга жана эксплуатациялоого уруксат алган окшойт. Ашынган коркунуч биздин жүрөгүбүздөн бакыт сезимине алакандай жерди да бошотуп бергиси келбейт. Бакыт чегинет да, бизден кетип калат. Силер качандыр бир кезде бул эки сезимдин өз ара ынтымакта болгонун көрдүңөр беле? Кимдир бирөө бакыт менен коркунучту бир убакта сезиши мүмкүнбү? Жүрөгүң коркунучка толуп турганда тунук ой жүгүртүүгө болобу? Олуттуу кооптонуулардын арасында толук ишенимдүүлүктү сезүүгө болобу? Коркуп турган кезде мээримдүү болууга болобу? Жок. Ал чыгарган ошончо коркунучтуу ызы-чуунун баарында жана ал ээлеп турган чоң мейкиндикте коркунуч эч кандай жакшы нерсени алып келбейт.
Коркунуч бир да симфонияны же поэманы жарата элек, тынчтык келишимин түзө элек, ооруну айыктыра элек. Коркунуч бир да үй-бүлөнү жакырчылыктан чыгара элек, бир да өлкөнү — өнүктүрө элек. Коркунуч ажырым жолго туруп калган никени да, оңунан чыкпай калган бизнести да сактап кала элек. Бул иш эр жүрөктүүлүктүн гана колунан келет. Бул иш ишенимдин гана колунан келет. Бул иш өзүн суу жүрөктүк башкарып алуудан же суу жүрөктүктүн артына жашынып алгандан баш тарткан адамдардын колунан келет. Бирок коркунуччу? Ал бизди зынданга салып, артыбыздан эшикти жаап коет.
Ал жерден чыксак жакшы болор беле?
Кооптонуулардын болгонуна карабастан, сиздин жашооңуз чыныгы эркиндикте болгонун элестетип көрүңүзчү. Эгерде сиз бардык нерсеге коркунуч менен эмес, ишеним менен мамиле кылганыңызда, эмне сизди коркунучка сала алмак? Эгерде сиз өз жүрөгүңүздүн үстүнө коркунучту, кооптонууларды, ишенбестикти жана шектенүүлөрдүн баарын калтырбай тартып ала турган магнитти орнотуп койгонуңузда, жүрөгүңүздө эмне калмак? Сиз коркунучу жок жашоону элестете аласызбы? Мындай мүмкүнчүлүк Ыйсанын суроосунда камтылган.
«…Эмне мынча корктуңар, ишеними аздар?!» — деп сурайт Ал (Мт. 8:26).
Биринчи көз ирмемде биз аны олуттуу айтып жатабы деп ойлошубуз мүмкүн. Балким, ал тамашалап жаткандыр. Бизди ачуулантайын деп жаткандыр. Же сынап жаткандыр. Сууда сүзүп бара жаткан адам шеригинен: «Эмне мынча суу болуп калгансың?» — деп сураса кандай болмок? Бирок Ыйса тамашалаган жок. Ал абдан олуттуу түрдө сурап жатат? Алардын Галилей деңизиндеги сейили долуланган толкундар менен болгон күрөшкө айланды.
Алардын бирөөсү бул окуяны мындайча эскерет: «Ыйса кайыкка түшкөндө, шакирттери кошо түшүштү. Күтүлбөгөн жерден көлдө чоң толкун башталды. Кайыкты толкун ура баштады…» (Мф. 8:23–24).
Бул сөздөрдү Матай айткан. Ал кокусунан каптап келген, кайыкты ары-бери чайпаган толкунду жакшы эстеп калган жана сөздөрдү кылдаттык менен тандап жазган. Эч бир зат атооч өз алдынча жеткиликтүү боло алмак эмес. Ал текчеден өзүнүн сөздүгүн алып, ошол түндөгү чоң толкунду окурманга түшүндүрө турган сөздүн аныктамасын издей баштайт. Ал «толкун, эң катуу шамал, табият кубулушу, шамалдын толкуганы» сыяктуу кадимки сөздөрдү жана сөз айкаштарын колдонбойт. Алар ошол күнкү кечте өзүнүн башынан өткөргөндөрүнүн жана көргөндөрүнүн баарын — күркүрөгөн асманды, солк эткен жерди, толкуган деңизди толук кандуу жеткирип бере алышкан жок. Ал күчтүү шамал жана көбүктүү толкунга караганда чоңураак нерсени эстеп калган болчу. Ал синонимдердин катарын бармагы менен ылдый карата абдан төп келген сөздү тапканга чейин издей берди. «О, мына ал!»
Бул сөз азыр дагы биздин лексиконубузда бар.
Мурун балыкчы болгон Петир менен Жакан кайыкты түз кармаганга аракет кылышты. Кургактыкта өзүн эркин сезген Матай эрте мененки тамакта жегендерин кусуп салбаганга аракет кылып жатты.
Толкун жөнүндө бул салык жыйноочу баарын айтып бүткөн эмес. Өзүнүн баяндамасында бул эки сүйлөмдү бириктирип жатканда, анын кандай таң калганын сезип жатасызбы?
«Ыйса кайыкка түшкөндө, шакирттери кошо түшүштү. Күтүлбөгөн жерден көлдө чоң толкун башталды. Кайыкты толкун ура баштады» (Мф. 8:23–24).
А сиз бул окуянын оптимисттик уланышын, алардын тил алчаактыгынын жакшы натыйжасына үмүт кылдыңыз беле? «Ыйса кайыкка түшкөндө, шакирттери кошо түшүштү. Ошондо күтүүсүздөн асманда чоң көк желе пайда болду, бактылуулуктун жышаанынын символу болгон көгүчкөндөрдүн тобу учуп чыкты, суунун күзгүдөй тунук бетинде кайыктын элеси көрүндү». Ыйсанын шакирттери Кариб деңизинде саякаттап жүрүшпөдү беле? Жок. Бул аңгеме өз ичине өтө эле сылык эмес, өтө эле популярдуу эмес эскертүүнү камтыйт: Машайак менен бирге кайыкка түшүү аны менен кошо суу болууну билдирет. Шакирттер деңиздин толкундуу, а шамалдын болсо каардуу болоорун күтүшкөн болсо керек. Ыйса мындай дейт: «Бул дүйнөдө [«азап тартышыңар мүмкүн» жана «кээде азап тартасыңар» эмес], азап тартасыңар…» (Жкн. 16:33, арасына кошулган текст меники —
Машайактын жолдоочуларына безгек дарты жугуп жатат, кичинекей балдарын көмүп жатышат, баңгизат жана алкоголизм менен күрөшүшөт, анын жыйынтыгында коркунуч менен алышышат. Бизди булардан эч нерсе арылта албайт. Бизди бороон-чапкын болуп жаткан кезде мемиреп уктап жаткан Машайак Ыйса арылта алат.
«…Ыйса болсо уктап жаткан эле» (Мт. 8:24).
Мына ушундай сцена. Борттогулардын баары кыйкырып жатышат, ал эми Ыйса болсо уктап жатат. Деңиз долуланып жатат, Ыйса болсо катуу уктап жатат. Ал үргүлөгөн жок, көздөрүн жумуп эс алып жаткан жок. Ал уктап жатат. Сиз ушундай учурда уктай алар белеңиз? «Американын дөңсөлөрүнөн» аласалып учуп бара жаткан кезде үргүлөп кете аласызбы? Аэродинамикалык түтүктөчү? Литавра менен коштолгон согуштук марштын астындачы? Булардын эч бири Ыйсанын укташына тоскоол боло алган эмес!
Өзү жазган Жакшы Кабарда Марк кызыктуу деталды кошумчалайт: «Ыйса болсо кайыктын арткы бөлүгүндө башына жаздык жазданып уктап жаткан эле» (Мр. 4:38). Арткы бөлүктө, жаздык жазданып. Эмне үчүн биринчиси, андан кийин экинчиси да бир эле нерсени бекемдеп айтып жатышат?
Биринчи жүз жылдыкта балыкчылар чоң оор торлорду колдонушкан. Аларды кайыктын арткы бөлүгүндөгү атайын уюштурулган оюкта сакташчу. Кайыктын арткы бөлүгүндөгү
Ал «башына жаздык жазданып» уктаган, — бул мамык жаздык эмес, а ичине кум толтурулган тери капты жазданып уктаган. Балласттык кап. Жер ортолук деңизиндеги балыкчылар азыркы күнгө чейин ушундай каптарды колдонушат. Анын салмагы жүздөгөн фунтка жакын жана кайыктын оодарылбай бир калыпта турушу үчүн балласт сыяктуу керек эле[3]. Кайыктын арткы бөлүгүндөгү мындай капты Ыйса Өзү алды бекен же шакирттеринин бири алып жаздап берди бекен? Биз муну билбейбиз. Бирок бир нерсе бизге белгилүү. Ал атайын дайынданып жатып уктаган. Ал кокусунан эле үргүлөп кеткен эмес. Алдыда боло турган бороон-чапкын жөнүндө билип туруп, түшкү уйкунун убагы келди деп чечип, бурчка барат да, башын ыңгайлуу жайгаштырып, уйкуга кирип кетет.
Анын жайбаракат, шашпаган абалы шакирттерин чочулаткан. Матай менен Марк алардын кыйкырыктарын бир өтүнүч жана бир суроо катары сүрөттөшкөн.
Матай: «Теңир, бизди сактай көр, чөгүп баратабыз», — деп жазган (Мт. 8:25).
Марк болсо: «Устат! Биз чөгүп кетсек деле, Сага баары бирби?» — деп жазган (Мр. 4:38).
Алар Ыйсанын бийлиги жөнүндө: «Сен бороонду баса аласыңбы?» — деп сурашпайт. «Сен бул жакта бороон болуп жатканын билесиңби?» — деп да сурашпайт: «Сен бороондо калып көрдүң беле?» — деп Анын тажрыйбасы жөнүндө сурашпайт. Жок, алар Ыйсанын жүрүм-турумундагы мотивдерине болгон шектенүүлөрүн билдиришет: «Сага баары бирби?…»
Муну коркунуч пайда кылган эле. Коркунуч биздин Кудайдын ырайымдуулугуна болгон ишеничибизди талкалайт. Биз өзүбүзгө бейиште сүйүү барбы деген суроону беребиз. Эгерде Кудай бороон чапкын болуп жаткан кезде уктай алса, эгерде биздин көздөрүбүз коркунучтан улам тунарып турган кезде, Ал көздөрүн жумуп уктаса, эгерде биз Аны менен чогуу кайыкка түшкөндө бороон-чапкын болушуна жол берсе, анда деги Анын биз менен иши барбы? Коркунуч шектенүүлөрдү козгойт — анан шектенүүнүн ызасы азапка салат.
Ошондой эле, коркунуч тоталдык көзөмөлдүн маниясын пайда кылат. «Бул бороонду бирдеме кылчы…» — шакирттердин суроосундагы талап мына ушундай болчу. «Аны токтот… же… же… деги бир нерсе кылчы». Коркунуч — бул, биз кырдаалдын үстүнөн болгон көзөмөлдү жоготуп алдык деп кабыл алганыбыздын натыйжасы. Жашообуз тик ылдый кулай баштаган кезде, биз бир нерсеге кармана калганга аракет кылабыз — бул өзүбүздүн диетабыз, үйдөгү тазалык жана иреттүүлүк, учактын креслосундагы чыканакты такоочу жер, ошондой эле көп учурларда — бизди курчап турган адамдар болушу мүмкүн. Биз өзүбүздү канчалык алсыз сезсек, ошончолук жадатма боло баштайбыз. Ачууланып кыйкырабыз жана тишибизди кычыратабыз. Эмне үчүн? Анткени биз ушунчалык жаман болгонубуз үчүнбү? Бир четинен ушундай. Бирок ошону менен катар эле, өзүбүздү бурчка такалып калгандай сезгенибиз үчүн дагы ошентебиз.
Мартин Нимеллер бул темага бир мисал келтирген. Нимеллер немец жыйын жетекчиси болчу, ал Адольф Гитлердин бийлигине баатырдык менен каршы турган. 1933-жылы ал бул диктаторду биринчи жолу көргөндө, ошол жерде катышкандардын баарынын артында туруп, көңүл кое уккан. Кийинчерээк аялы андан кандай таасирде калганын сураганда, ал минтип жооп берген: «Герр Гитлер абдан коркок адам экенине көзүм жетти»[4]. Коркунуч биздин ичибиздеги тиранды ойготот.
Ал биздин акыл-эсибизди дагы өлтүрөт. Шакирттерде Ыйсага ишенүү үчүн бардык себептер бар болчу. Ошол мезгилде алар Анын «адамдардын ар кандай ооруларын жана кеселдерин айыктырып жүргөнүн» көрүшкөн болчу (Мт. 4:23). Алардын көз алдында Ал колун тийгизип, пес оорулууну айыктырган жана жүз башынын кулун Өзүнүн бир эле сөзү менен айыктырган (Мт. 8:3, 13-аяттарды караңыз).Петир өзүнүн оорулуу кайын энесинин айыкканын көргөн (Мф. 8:14–15-аяттарды караңыз) жана баары үңкүрдөн учуп чыккан жарганаттар сыяктуу, жин оорулу адамдардын ичинен жиндердин чыгып жатканын анык көрүшкөн. «…Сөзү менен жиндерди кууп чыгарып, Ал бардык оорулууларды айыктырды» (Мт. 8:16).
Кимдир бирөө акыл-эсинде Ыйсанын кызматтарынын тизмесин, Анын анкетасын жаңылашы керек эмеспи? Машайактын кылгандары жөнүндө аларга эскертүү керек эмеспи? Жок. Коркунуч руханий амнезияны пайда кылат. Ал биздин акыл-эсибизди кереметтерге карата жансыз кылып салат. Ыйсанын иштери жана Кудайдын ырайымдуулугу жөнүндө унутканга мажбурлайт.
Коркунучту сезүү — абдан жаман нерсе. Ал жан-дүйнөбүздү толук кандуу жашоодон арылтып, бизди эмбриондой кылып чүнчүтүп, бардык кубанычтарыбыздын тамырына балта чабат. Биз шамалга ыргалып калган, адамдар үчүн мурда азыктын, жакшылыктын жана жылуулуктун булагы катары кызмат кылган таштанды кампага окшоп калабыз. Бирок жок, эми жок. Коркунуч биздин жашообузду башкарып калганда, коргонуу биздин кудайыбыз болуп калат. Коргонуу менен гана жашап калганда тобокелге салып жашоо биз үчүн мүмкүн эмес болуп калат. Тынч жашоону сүйгөн адам улуу иштерди жасай алабы? Этиятчылдык жакшы иштерди кыла алабы? Кудай үчүнбү? Адамдар үчүнбү? Жок. Коркок адам сүйө албайт, анткени сүйүү — тобокелге салуу. Акылдуулар жардыларга бере алышпайт. Кайрымдуулук кылганың жүз эселеп кайтып келет деген кепилдик жок. Корккондор эч шектенбестен кыялдана алышпайт. Алардын кыялдары асманда өчүп калып, жерге кулап түшсө эмне болот? Коргонууга баш ийген адамдын жан дүйнөсүндө айкөлдүк деген болбойт. Ыйсанын коркунучка каршы ушундай күрөштү жүргүзгөнү таң калыштуу эмес.
Анын насааттарынын ичинен«коркпогула» деген тема эң көп айтылган. Жакшы кабарларда бул сөз болжол менен 125 жолу айтылган. Алардын ичинен 21и «коркпогула», «үрөйүңөр учпасын», «сергек болгула» жана «кайраттуу болгула» же «жүрөгүңөр солкулдабасын» деген сөздөр эле. Экинчи кезекте — Кудайды жана жакыныңды сүйүү темасы эле, ал болгону сегиз жолу кездешет. Эгерде Анын кайталап айткан сөзүнө маaни берсек, Ыйса биздин коркунучтарыбызга абдан олуттуулук менен караган. Башкаларына караганда Ал эң көп айткан насааты: коркпогула деген насаат болгон.
Балдар кээде күлүп, кээде даттанып ата-энелеринин аларды жазалаганы жөнүндө айтып калышат. Алар апасынын дайыма: «өз убагында үйдө болуп калгын» же «Бөлмөңдү жыйнаштыр» деген сөздөрүн эстешет. Атада дагы өзүнүн сүйүктүү буйруктары бар болчу: «Жалкоолонбо», «Иште, иште жана иште». Мага абдан кызык, Ыйсанын шакирттери качандыр бир кезде Ыйса эң көп кайсы сөздөрдү айтканын ойлонуп көрүштү бекен? Эгерде ойлонуп көрүшкөн болсо, анда алар мындай чечимге келишмек: «Ыйса дайыма бизди эр жүрөк болууга чакырчу».
…Ошондуктан коркпогула, силер топ таранчыдан кымбатсыңар.
…Коркпо, балам! Күнөөлөрүң кечирилди.
…Ошондуктан силерге айтарым: «Эмне ичип, эмне жейбиз?» — деп, жаныңар үчүн; «Эмне киебиз?» — деп, денеңер үчүн түйшүк тартпагыла.
…Коркпо, бирок ишен. Ошондо кызың тирүү калат.
…Кайраттангыла! Бул Менмин, коркпогула!
…Денени өлтүрүп, бирок жанды өлтүрө албагандардан коркпогула.
…Кичинекей үйүр, коркпо! Анткени Атаңар силерге Падышачылыкты бергиси келет.
…«Кайгырбагыла. Кудайга жана Мага ишенгиле. <…>… Кайтып келем да, Мен болгон жерде силер да болууңар үчүн, силерди жаныма алып кетем.
…Кайгырбагыла жана коркпогула.
…Бирок Ыйса аларга: «Эмне коркуп кеттиңер? Эмнеге шектенип жатасыңар? —деди.
…Ошондой эле алыс жана жакын жерде болуп жаткан согуштар жөнүндө угасыңар. Бирок коркпогула!…
…Ыйса аларга жакын келип, колун тийгизип: «Тургула, коркпогула!» — деди.
Сиз өзүңүз каалабагандай эле, Ыйса сиздин коркунучта жашашыңызды таптакыр каалабайт. Сиз эч качан мындай нерсени айтмак эмессиз:
• Менин коркунучумдун жардамы менен мен ушундай тың басып калгам.
• Эгерде менин курулай корко бергендигим болбосо, мен жаман апа болмокмун.
• Пессимизмим үчүн Кудайга рахмат. Үмүтүмдү биротоло жоготуп, өзүмө кол шилтеп салганымда, бир кыйла жакшы адам болуп калдым.
• Мага дарыгер айтты: эгерде болбогон эле нерселерге тынчсыздана баштабасам, ден соолугумда көйгөйлөр жаралат экен.
Биз коркунучтун баасы кандай экенин билебиз.
Ыйса абдан жакшы бир суроону берет. Башын «жаздыктан» көтөрүп, кеменин арткы бөлүгүнөн башын чыгарып, Ал минтип сурайт: «Эмне мынча корктуңар, ишеними аздар?!» (Мт. 8:26).
Мен түшүндүрүп кетишим керек: коркунуч абдан пайдалуу функцияны аткарат. Көмүр шахтасындагы канарейка сыяктуу ал да мүмкүн болгон кооптуу нерсе жөнүндө эскертет. Коркунучтун кичинекей тамчысы баланы унаа жүрүүчү көчөнү кесип чуркап өтүүсүнө жол бербейт, а чоңдорго болсо ашыкча тамекини чектирбей коет. Үйдө өрт чыкканда же көчөдөгү чоң итти көргөндө коркуп кетүү — бул нормалдуу реакция. Өз алдынча алганда коркунуч күнөө эмес. Бирок ал күнөөгө алып келиши мүмкүн.
Эгерде биз өзүбүздүн коркунучубузду ичкиликке берилип кетүү, кайгылуу жеңилгендик, өзүн-өзү кыйноо же өзүн-өзү көзөмөлдөө менен дарылай баштасак, анда көйгөйдү Кудай чечип беришине мүмкүндүк бербей, аны ого бетер күчөтүп жиберебиз. Биз коркунуч абалына багынып берип, коркунуч бизге үстөмдүк кылып, жашообузду башкарып алышына жол берип коебуз. Бардык кубанычты жок кыла турган коркунуч. Бизди селдейтип, кыймылдатпай, шал кылып салчу коркунуч. Айласын таппай калган коркунуч Кудайдан эмес. «…Анткени Кудай бизге коркунучту берген эмес…» (2 Тим. 1:7).
Коркунуч биздин жан-дүйнөбүзгө келиши мүмкүн, бирок ал биздин жүрөгүбүздү толтурбашы керек. Ал дайыма эшигибизди тыкылдатат. Болгону аны кечки тамакка чакырбаңыз, андан дагы, аны түнөгөнгө калтырбаңыз. Келиңиз, жүрөгүбүздү Ыйсанын «коркпогула» деп айтылган тандалма цитаталары менен бекемдейли. Машайактын убадасы жана бул китептин идеясы жөнөкөй: биз бүгүнкүгө караганда эртең азыраак коркуп калышыбыз керек. Бир жолу мен алты жашымда, атам мага бир аз кечирээк уктаганга уруксат берди, анткени бүт үй-бүлөбүз менен «Карышкыр адам» деген фильмди чогуу көргөнү барганбыз. Эх, ал уруксат бербей эле койгондо жакшы болмок экен… Бул фильм мага вервольф ар бир түнү биздин коридордо кыйкырып, өзүнүн сүйүктүү олжосун — сары жана сепкил баскан биринчи класстын окуучуларын аңдып жүрөт деген ойду салып койду. Менин коркунучум чыныгы көйгөйгө айланды. Өзүмдүн уктоочу бөлмөмдөн ашканага чейин жетиш үчүн, оюмда карышкырдын тырмактары менен азуу тиштеринен жашырынышым керек болчу, мен аны таптакыр каалачу эмесмин. Бир нече жолу атам уктаган бөлмөгө качып кирип, аны ойготконмун. Кайыктагы Ыйсага окшоп, атам дагы бороон-чапкын болуп жаткан кезде катуу уйкуда жатаар эле.
— Эмне сени мынчалык коркутту?
Мен ага желмогуз бар экенин айттым.
— А, ооба-ооба, вервольф, — деп күңкүлдөдү ал.
Андан кийин керебеттен түшүп, баатырдык менен мени өлүм сөлөкөтүнүн өрөөнүнөн алып өтүп, бир стакан сүт куюп берген. Ошондо мен ага таң калуу менен карап, минтип ойлодум:
Кудай дагы биздин бороон-чапкындарыбызга атам менин «вервольфтон» коркконума мамиле кылгандай мамиле кылышы мүмкүнбү? «Ошондо… ордунан туруп, шамал менен көлгө тыюу салды. Ошондо улуу тынчтык орноду» (Мт. 8:26).
Ыйса улуу титирөөнү улуу тынчтык менен токтотту. Деңиз тоңуп калган сыяктуу мемиреп калды, шакирттер болсо таң калып, минтип айткандан башка аргалары калбады: «…Шамалды да, көлдү да баш ийдирген бул ким?» (Мт. 8:27).
Чындыгында эле, Ал ким? Бороон-чапкын мезгилин уйку убагына айландырган. Толкундарды бир сөз менен токтоткон. Ошондой эле, өлүп бара жаткан адамга өз үй-бүлөсүнө болгон сүйүүсүнүн акыркы белгисин калтырганга жетишерлик эр жүрөктүүлүктү берген. Ди, сен жолго аттандың. Сен жашоодогу өзүңдүн катуу толкундарыңды баштан кечирдиң, бирок акыркы мүнөттөрдө жеңилип берген жоксуң. Бул сыйынуу биз дагы жеңилип бербешибиз керектиги жөнүндөгү сыйынуу.
2-БӨЛҮМ
ЖАСАЛМАЛУУЛАР АЙЫЛЫНЫН ЖАШООЧУЛАРЫ
…Ошондуктан коркпогула, силер топ таранчыдан кымбатсыңар.
САНДА ЖОК БИРӨӨМҮН ДЕГЕН КОРКУНУЧ
Ооба, мына ушундай. Ошол эле көйгөй. Сууга толгон Амазонка, андан миңдеген коркунучтар агып чыгат. Деги биз кандайдыр бир мааниге ээбизби? Бирок мааниге ээ эмеспиз деп коркобуз. Өмүрүбүздү маанисиз, белгисиз, эч нерсеге арзыбаган адам катары жашап өтөбүзбү деп коркобуз. Адашып кеткенден коркобуз. Акыркы жыйынтыкта: чечүүчү суммага таптакыр таасир этпей калуудан коркобуз. Биз бул нерседен коркобуз: дүйнөгө келдик да кеттик, ал эми муну эч ким деле байкаган жок.
Мына ошондуктан досубуз бизге телефон чалууну унутуп калганда же мугалим атыбызды эстей албай калганда, биздин ким экенибизди унутуп калышканда же биз кылган иш үчүн жетекчини макташканда, же болбосо авиакомпания бизди мал сыяктуу айдап, билетти кийинки рейске кайрадан каттаткыла деп буюрганда өзүбүздү коерго жер таппай калабыз. Булардын баары биздин жашыруун коркунучтарыбызды бекемдейт: биз менен эч кимдин иши жок, анткени биз ошого татыктуубуз — дейбиз. Мына ушул себептен биз күйөөбүздүн же аялыбыздын бизге аз болсо да көңүл бөлүүсүнө, жетекчинин мактоосун угууга аракет кылабыз, күтүлбөгөн жерден эле сөзгө белгилүү адамдардын аттарын кыстыра салабыз, бармагыбызга университеттик шакегибизди тагып алабыз, көкүрөгүбүздү силикон менен чоңойттурабыз, машинабыздын дөңгөлөгүн көзгө сүйкүмдүү капкактар менен кооздоп алабыз, тишибизге брекет койдурабыз, жибек галстук тагынабыз. Ошентип биз кайсы бир таяк бутка чыгып алышыбыз керек.
Модельерлер бизге минтип айтышат: биздин джинсыларыбызды кийгениңизде маанилүүрөөк көрүнүп каласыз. Биздин этикетка менен сиздин бардык кемчиликтер дароо эле байкалбай калат. Анан биз аларга кулак салабыз. Ошентип, кандайдыр бир убакытка кыска буттуулардын арасынан бийик тургандардын катарына кошулуп калабыз. Мода бизди санда жоктуктан жана маанисиз адам болуудан сактап калат, ошентип өзүбүздү маанилүү адам катары сезип калабыз. Эмне үчүн? Анткени айлыгыбыздын жарымын ошол италиялык джинсыга короттук.
Бирок андан кийин — кайгы! — мода өзгөрүп кетти, анын зикзак тигилген тигиштери түз тигишке алмашты, чапташкан стиль кенен стилге өттү, бозомук түстөр ачык түстөргө алмашты, анан биз былтыркы джинсыларыбыз менен кошо өзүбүздү кайрадан начар сезип калдык. Ошентип кайрадан кыска буттуулардын айылына кайтып келесиз!
Балким, өзүбүздүн эч нерсеге арзыбаган адаммын деген ойго келишибизге кандайдыр бир тышкы ресурстар дагы таасир этеттир? Өз инсандыгыбызды башка бирөөлөрдүн гулливердик жетишкендиктери менен байланыштырып, өзүбүздүн эргежээл жашообузга маанилүүлүктү беребиз. Чемпиондорго жана жылдыздарга болгон кызыгуубузду кантип түшүндүрүп бере алабыз?
Мен өзүм дагы ошондой адамдардын катарына киремин — «Сан-Антонио Спурстун» кызуу күйөрманымын. Алар баскетбол ойношкондо, мен баскетбол ойноп жаткан боломун. Алар корзинага топ ыргытышканда, ошол топту мен ыргыткан боломун. Алар жеңип алышканда, мен башка он жети миң күйөрман менен биргеликте: «
Бирок баары бир мен өзүмдүн фургонумду алардын жанып турган жылдызына чиркештирип аламын. Эмне үчүн? Анткени бул мени плебс элинен айырмалап турат. Бул мени көз ирмем ичинде бийиктикке көтөрө салат, моралдык жактан жакшыртат.
Мындай элестетүүлөр менин досум мектептин төртүнчү классында окуп жаткан кезде Дин Мартин чеккен тамекинин калдыгын столдун үстүндөгү банкага сактап коюусуна түрткү болгон[5]. Үнү жагымдуу Дин Мартин 1960-жылдарда телевидениенин, радионун жана түнкү клубдардын арты менен америкалыктардын жүрөгүнөн түнөк тапкан ырчы болгон. Ал Фрэнк Синатра жана кичүү Сэмми Дэвис менен алмашып туруучу жылдыз статусун бөлүшкөн. Биз, эч нерсе менен айырмаланбаган жөнөкөй адамдар, коомдун мындай каймактарын алыстан карап суктанганыбызга ыраазы болчубуз. Бирок Томми башка бир иш кыла алган. Дин Мартин тагдыр буюруп биздин Техастын батыш жагындагы шаарчага гольф боюнча өткөн кайрымдуулук турнирине келип калганда, Томми атасы менен бирге анын ар бир кадамын аңдып артынан жүрүшкөн. Миллиондогон адамдардын кумири болгон бул ырчы тамекисинин калдыгын ыргытар замат, Томми аны шап этип кармап калууга шашылчу.
Биз, Томминин достору, тамекинин ошол ыйык калдыгын өз көзүбүз менен көрүү үчүн анын бөлмөсүнө чогулган ошол күндөрдү унутууга болобу? Биз жакшылыктын өйдөдөн ылдый таралышынын экономикалык принцибин ишке ашырганбыз. Дин Мартин жылдыз болгон; Томаста Дин Мартиндин тамекисинин калдыгы бар болчу; биз Томасты билгенбиз. Дин Мартиндин жылдыздык даңкынан түшкөн дивиденттер бизге түшчү.
Белгилүү бир адамга чиркешип ал, ошондо өзүң да өзгөчөлөнүп чыга келесиң, туурабы?
Же болбосо, абдан жөнөкөй — өмүрүң эч айырмаланбай соңуна келип жетет. Кайсы бир миллиардер өзүнүн жердеги жашоосу акчасына караганда эртерээк бүтө турганын билип калып, кайрымдуулук фондун түзөт.
Албетте, буга аны кайсы бир кызыгуусу түртүп жатат, бирок маанилүү болууга болгон умтулуу да өз ролун ойноду.
Биз ушул себептен улам балалуу болобуз. Ата-эне болсоң — маанилүү боло түшөсүң. Тукумдуу улоо, албетте, Дин Мартин чеккен тамекинин калдыгын чогултканга караганда, маанилүү болууга алып барган жакшы жол, бирок башка жагынан алганда, бул да дал ошол нерсенин эле өзү. Бир күнү, биздин көзүбүз өтүп кеткенде, биздин балдарыбыз өзүнүн «карыган атасын» же «мээримдүү апасын» эскеришет, ошентип, биздин жашообуз алар аркылуу уланат.
Италиялык джинсы. Дин Мартиндин тамекисинин калдыгы. Фонддор. Мурас. Бертран Расселдин айткандарын жокко чыгаруу үчүн дайыма изилденүү. Ал мындай тыянакка келген атеист жана фаталист болгон: «Мен ишенем, мен өлгөндөн кийин сөөктөрүм чирип кетет жана менин «мендигимден» эч нерсе калбайт»[6].
«Анын айтканы туура болушу мүмкүн эмес» — деп үшкүрүнөбүз биз.
«Анын айтканы туура эмес!» — деп жар салган Ыйса. Ал Жасалмалуулар айылынын жашоочуларын алар эч качан укпаган мээримдүү сөздөр менен сооротуп, алардын бардык коркунучтарын тынчтандырат. «Эки таранчы бир ассарийге эле сатылат эмеспи. Бирок Атаңардын эркисиз алардын бири да өлбөйт. Ал эми силердин башыңардагы чачыңар да саналуу. Ошондуктан коркпогула, силер топ таранчыдан кымбатсыңар» (Мт 10:29–31).
Чачтан өткөн баналдуу нерсе барбы? Ким өзүнүн башындагы чачын санап чыга алат? Биз өзүбүздүн байлыктарыбызды — банкта канча акчабыз, машинебизде канча бензинибиз, бетибизде канча бырышыбыз бар экенин байкап турабыз. Бирок биздин канча чачыбыз бар? Эч ким, атүгүл, чачтары түшүп таз болуп калган адам деле, өзүнүн ар бир тал чачынын жанына кичинекей инвентарь номерин коюп коюуну ойлобойт. Биз чачыбызды тарайбыз, кыскартабыз, боейбуз… бирок биз аларды санап чыкпайбыз.
Бир гана Кудай минтип айтат: «…Ал эми силердин башыңардагы чачыңар да саналуу…» (Мт. 10:30).
Талаа чымчыктары үчүн да ушундай. Ыйса жашаган доордо ассарий деген акча алмашуудагы эң кичинекей тыйын болгон. Эки таранчыны бир ассарийге сатышкан. Башка сөз менен айтканда, эки таранчы сатып алуу баарынын колунан келген. Бирок алардын ага эмне кереги бар? Алар кайсы максат үчүн керек? Алар ага эмнени беришет?
Лука жазган Жакшы Кабарда Ыйса бир аз тереңирээк кирет. «Беш таранчы эки ассарийге эле сатылат эмеспи. Ошондой болсо да Кудай алардын бирин да унутпайт» (Лк. 12:6). Бир ассарийге эки таранчы сатып алса болот. Бирок эки ассарийге — бүтүндөй беш таранчыны. Бир таранчыны сатуучу кошуп берет.
Коомдо азыр деле өзүнүн ушундай «кичинекей таранчылары» бар — алар билинбеген адамдар, өзүн өтө керектүүмүн деп деле эсептешпейт, оңой эле алмаштырып койсо боло турган, бир ассарийге да турбаган адам катары сезишет. Алар автомобилде жүрүп иштеш үчүн биригишет, бирок тар капаста иштешет. Кимдир бирөөлөр жол боюнда картон салып укташат, кимдир бирөөлөр болсо — өзүнүн үйүндө укташат. Бирок алардын бир жалпылыгы бар, алардын баары өзүн эч нерсеге турбаган, маанисиз адаммын деп эсептешет.
Кытайдагы дүлөй балдар үйүнө барсаңыз сиз кичинекей таранчылардын бүтүндөй бир чоң тобун көрө алмаксыз. Кытайдын «үй-бүлөдө бир бала» деген саясаты алсыздарды электен өткөрүп салууга алып баратат. Кыздарга караганда уулдар артыкчылыкка ээ. Дени сак балдар оорулуулардан жакшыраак. Сүйлөбөгөн жана укпаган кытай балдарында жакшы жашоого болгон мүмкүнчүлүк абдан аз. Аларга туш тарабынан: «сен керек эмессиң» — деп айтып тургандай.
Ошондуктан аларга кимдир бирөө ушундай ойго каршы келген нерсени ырастай баштаса, алардын жүрөктөрү эрип кетет. Джон Бентли, Кытайдагы миссионер, ушундай көз ирмемдердин бирин сүрөттөп кеткен. Хэнань провинциясындагы өз ата-энелери таштап кеткен дүлөй балдарга менин мандариндик диалектиге которулган «Сен өзгөчөсүң» деген китебимди беришти. Анда жыгач адамдардын айылында жашаган Панчинелло деген кичинекей жыгач адам жөнүндө айтылат. Ошол айылдын жашоочуларында бир нерсеге жетишкен адамга жылдызчаларды жабыштырып кое турган адаттары бар болчу, колунан эч нерсе келбегендерге болсо — тегерекчелерди. Панчинеллодо тегерекчелери абдан көбөйүп кеткендиктен, жөн жерден эле ага жаңыларын жабыштырып кое беришчү.
Кийинчерээк Панчинелло өзүнүн жаратуучусу болгон Элоиге жолугуп калат. Кичинекей жыгач адамды колдогон Элои ага башка адамдардын пикирине көңүл бурбай коюуну кеңеш берет. «Сени мен жаратканмын, — деп түшүндүрөт ал. — А мен болсо эч ката кетирбейм».
Панчинелло эч качан мындай сөздү уккан эмес. Бул сөздү уккан кезде ага жабыштырылган тегерекчелер жөн эле түшө баштайт. Кытайдагы жетим үйүндө жашаган балдар мындай идея менен таанышкандан кийин, алардын дүйнөсү өзгөрө баштайт. Джонго мындай мүнөттөрдүн бирин сүрөттөп беришине мүмкүнчүлүк берейин.
Бул китепчени балдарга жана мектептин тарбиячыларына таратып беришкенде күтүлбөгөн нерсе болуп өттү. Бир убакта баары ыйлап жиберишти. Алардын эмнеге мындай реакция кылып жатышканын түшүнө алган жокмун… Алсыздарды колдоо идеясы америкалыктарга абдан эле тааныш нерсе…Бирок Кытайда андай эмес, бул балдар өзүнүн биологиялык ата-энелерине таптакыр керек болбогондуктан улам ташталышкан, анткени алар «кемтиктүү» болуп туулушкан. Ошондуктан алар менин китебимден аларды сүйгөн Жаратуучу тарабынан жаратылган үчүн гана баалуу экендиктерин түшүнгөндө, баары бир адам сыяктуу ыйлай башташты, ал тургай мугалими дагы алар менен кошо ыйлады! Бул абдан таң калыштуу болду![7]
А сизге ушундай эскертүүлөр керек эмеспи? Бул сөздөр кичинекей таранчылардын биринин кулагына жетип калышы мүмкүнбү? Эгерде жетсе, өзүнүн эч нерсеге татыбаганы жөнүндөгү коркунучу менен алектене турган убакыт келип жетти. Ага олуттуу караңыз. Сиздеги — эч нерсеге арзыбаган адаммын деген коркунуч жашооңузду бузуп, кайсы бир программага, жашооңузду багыттай турган көрсөтмөгө айланып калышы мүмкүн. Болжол менен алганда, ал мындай болот.
Сиз аз төлөй турган жумушка орноштуңуз, ал сиздин күчүңүздү гана тартып алып жатат. Алган айлыгыңыз эсеп-кысаптарды төлөгөнгө араң жетет. Сизге Кудай тараптан берилген жөндөмдүүлүктөр суусуз калган роза сыяктуу соолуй баштайт. Бирок ошол жерден сиз жөндөмдүүлүктөрүңүзгө ыңгайлашкан, өзүңүздөгү жөндөмдүүлүктөрдү ачканга жардам бере турган вакансияны окуп калдыңыз. Анан бир мүнөт ичинде сизге тааныш болбогон эр жүрөктүүлүк менен өзүңүздүн резюмеңизди жөнөттүңүз. Жумуш берүүчү сизди аңгемелешүүгө чакырды. Мына ошондо сизге Кыска буттуулардын элинин менталитети кайтып келет. «Мен эми ага жакшы таасир калтыра албайм го, — деп онтой баштайсыз. — Таанышуу учурунда акылсыз адам катары көрүнөм. Мага мен жооп бере албаган суроолорду беришет. Мени бул жумушка таптакыр алышпайт». Ийненин көзүнөн өтө турган төөдө мага караганда мүмкүнчүлүк көп. Ошентип, сиз чын эле ийгиликсиздикке учурайсыз жана дагы бир тепкич ылдыйга, өзүн-өзү басынтуунун жер төлөсүнө, түшөсүз.
Же болбосо көз алдыңызга келишимдүү жигит жолугушууга бир кызды чакырганын элестетип көрүңүз. Жигит ушунчалык келишимдүү болгондуктан, кыз андан эмнени тапканын түшүнө албайт. Ал анын табитине ылайык эмес. Жигит кызды жакшыраак тааныгандан кийин аны токтоосуз түрдө таштап кетет. Ал аны жада калса бир кечеге деле кызыктыра алмак эмес. Өзүнө болгон ишенбестик аны — өзүнүн денесин жигитке арноого түртөт, ал аны ишенимдүү жол деп эсептейт. Кыз коркунучунун айынан биринчи жолку жолугушууда эле аны менен денелик жакын мамилеге барат, анан албетте ал жигит менен экинчи жолукпайт. Жыйынтыгында, ал өзүн бир ирээт гана колдонулчу идиштей сезет, бирок ал мындай болууну каалаган эмес болчу.
Өзүн эч нерсеге арзыбаган адаммын деген коркунуч аларды өздөрү кооптонгон жыйынтыкка алып келет, алар өмүр бою качып жүрө турган жашоого алып келет, өздөрүнө ушунчалык жакпаган сценарийге алып келет. Эгерде баскетболист штрафтык топ ыргытуу линиясында топ кармап туруп, өзүнө: «Мен топту торчого түшүрө албаймын, таптакыр түшүрө албаймын» — деп, кайра-кайра ырастай турган болсо, эмне болорун билесизби? Ал топту чын эле түшүрө албайт. Эгерде сиз күн сайын: «Мен маанилүү бир нерсени кыла албаймын, мен эч нерсеге арзыбаган адаммын» — деп кайталай берсеңиз, эмне болорун билесизби? Сиз өзүңүздү караңгы зынданга саласыз, ал жерде эркиндикке чыгууга болгон үмүт жок.
Андан сырткары, сиз Кудайга каршы чыгасыз. Анткени Анын сиз жөнүндөгү жакшы оюнан шектенип жатасыз. Анын кылган ишин сындап жатасыз. Кудай ар бир адамды «жашыруун жаратылган» деп эсептейт (Заб. 138:15). Анын «таң каларлык жаратылганын» айтат (Заб. 138:14). Кудай сиз жөнүндө ойлогонун токтотпойт! Атүгүл, Анда сиз жөнүндө канча ою бар экенин деле элестеткенге аракет кылбаңыз, анткени «алар кумдан да көп» (Заб. 138:18).
Эмне үчүн Ал сизди ушунчалык сүйөт? Сүрөтчү өзүнүн картинасын сүйгөндөй, кеме куруучу кемесин сүйгөндөй — Ал да сизди жаратканы үчүн сүйөт. Сиз Анын ойлонулган чыгармасысыз, а Анда болсо жаман ой болбойт. «Анткени бизди Ал жараткан, Кудай алдын ала белгилеп койгон жакшы иштерди аткарышыбыз үчүн, биз Машайак Ыйса аркылуу жаратылганбыз» (Эф. 2:10).
Ар бир жылы он миңдеген аялдар «Ишенимдин аялдары» деген конференцияларга чогулушат. Анын себептеринин бири — сооротуу сөздөрүнө ээ болуу. Аялдар биринин артынан бири чыгып, Кудайдын Өз балдарына көрсөткөн мээримдүүлүгү жөнүндө айткандарын уккандан кийин катышуучулардын бири төмөнкүдөй электрондук кат жөнөтүптүр:
«Капитан Крюк» деген фильмде Питер Пэн кийин карып, бетин бырыш басып, баягы балдар билген Питер Пэнге таптакыр окшобой калат. Алар бул адам ошол Питер Пэн эмес экенин айтып ыйлашканда, эң кичинекей бир бала ага колун сунуп, өзүнө тартты. Андан кийин анын алаканын бетине коюп, сылай баштады, ошондо тигинин сырткы көрүнүшү таптакыр өзгөрүп кетти. Анан анын көзүнө карап, минтип кыйкырып жиберди: «Мына, сен эми Питер болдуң!».
«Ишенимдин аялдары» аттуу конференцияга мен жүрөгүмдө оор жүк менен барганмын, алар жөнүндө бир гана Кудай билчү. Ушул күндөрдө мен өзүмдүн жүзүмдөгү Кудайдын алаканын сездим, ал ашыкча нерсенин баарын жууп салып жаткан эле. Андан кийин мен Анын минтип кыйкырып жатканын уктум: «А мына сен! Мына сен!»[8]
Акырын. Кулак төшөңүз. Угуп жатасызбы? Ошол эле нерсени Кудай бизге айтып жатат. Сизден ал жашырылган сулуулукту, убакыт сизден тартып алганга аракет кылган учкунду көрөт. Ал сизден көрүп жаткан адамга сүйүү менен карап жатат. «А мына сен! А мына сен!» — деп жар салат.
Бизге Кудай керек. Туурабы? Таяк бутту жана тирөөчтү колдонгонубуз жетишет, мүдүрүлгөнүбүз жана кулаганыбыз жетишет. Башкалар ушундай оюндарды ойной беришсин. Бирок биз эмес. Биз андан жакшыраак бир нерсени таап алдык. Жасалмалуулар айылынын жашоочусунун бири таап алган нерсенин дал өзүндөй нерсени.
3-БӨЛҮМ
КУДАЙ МЕНДЕН ЧАРЧАДЫ
…Коркпо, балам! Күнөөлөрүң кечирилди.
КУДАЙДЫ ИРЕНЖИТИП АЛУУДАН БОЛГОН КОРКУНУЧ
Нобль Досс топту колунан түшүрүп жиберди. Болгону бир эле топту. Бир эле топ ыргытууну. Бир жаңылыштык. Досс бул жаңылыштыкты 1941-жылы кетирген. Ошол убакыттан бери бул нерсе анын жүрөгүн өйүп келет.
— Менин айымдан биз улуттук чемпионатта жеңилип калдык, — дейт ал.
Техас университетинин футболдук командасы чемпионаттын лидери катары кабыл алынган. Бул сезонду жеңилбестен аягына чыгарып, «Кызгылтым чөйчөк»[9] таймашына катышууну үмүт кылып, команда атаандашы болгон университеттик ассоциация — Бейлор университетинин футболисттери менен жекеме-жеке чыкты. Оюндун үчүнчү бөлүгүндө эсеп 7:0 болгондо «Узун мүйүздүүлөр»[10] командасынын жетектөөчү оюнчусу кулачын бүтүндөй ачкан Досско алыскы пасты берди.
— Мен дарбазадан болгону жыйырма ярд ары турган болчумун, — деп эскерет Досс.
Топ атайын мээленип берилди. «Узун мүйүздүүлөрдүн» күйөрмандары өз орундарынан ыргып турушту. Досс топту көрдү да, аны өзүнүн «ишенимдүү колу» менен кармап алды, бирок ал анын колунан чыгып кетти.
Бейлордун футболисттери чымырканып, мелдештин бүтүшүнө болгону бир канча секунд калган кезде эсепти теңдеп коюшту. Техастыктар өзүнүн жогорку рейтингинен жана аны менен кошо — «Кызгылтым чөйчөк» таймашына катышууга болгон мүмкүнчүлүктөн да куру калышты.
— Мен ошол оюн жөнүндө ар күнү эстейм, — деп айтат Досс.
Анда эстей турган башка нерсеси болбогон үчүн эмес. Ал алтымыш жылдан ашуун жубайы менен бактылуу өмүр сүргөн. Ата. Чоң ата. Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде флотто кызмат кылган. Атүгүл, бир жолу командадагы жолдоштору менен бирге «Лайф» журналынын мукабасына да чыгышкан. Студенттик жылдарында ойноп жүргөндө ага ыргытылган топту он жети жолу кармап алган, ал эми бул — университеттин рекорду. «Филадельфия Иглз» командасында ойноп жүргөн кезинде Улуттук футбол лигасынын эки жолку чемпиону болгон.Техастык мектепте жана «узун мүйүздүүлөрдүн» ичинде анын аты ардак тактада илинип турат.
Күйөрмандардын көпчүлүгү Досс аркылуу жеңишке жеткен таймаштарды жана ал кабыл алган топторду эстешет. Досс болсо өзү кабыл ала албай калган ошол топту эстейт. Ал бир жолу «узун мүйүздүүлөрдүн» жаңы келген башкы машыктыруучусуна колдон чыгарылган ошол топ жөнүндө айтып берет. Ал оюндан бери элүү жыл өтсө да ал көзүнө жаш кылгыра айтып берди[11].
Коё берилген топ жөнүндөгү эскерүүлөр акырындык менен жоголот. Алар бир гана коркунучту — биз адамдардын көңүлүн калтырабыз, командабызды уят кылабыз, үмүттөрүн актабай калабыз деген коркунучту пайда кылат. Керек болгон мезгилде өз милдетимди аткарбай жатам, башкалар менин кыйшык колумдан жабыр тартып жатышат деген коркунучту жаратат. Албетте, биздин көпчүлүгүбүз өзүбүздүн ички көйгөйлөрүбүздү Досстун ошол катачылыгына кубаныч менен алмаштырмакпыз. Эгерде биз берилген топту гана кармай албай калган болсок кана… Эгерде биз бир гана футболдук командабыздын көңүлүн калтырсак кана…
Менин бир досум бар, анын айтымында, ал өзүнүн жашоосунун биринчи жарымын бекерге өткөрүп жиберген. Акыл менен ой жүгүрткөнгө караганда, көбүрөөк талантка ээ болгон ал баш айланта турган ылдамдык менен капиталдарын жана душмандарын көбөйтүп алган. Эми ал кантри стилиндеги кайгылуу ырлар ырдала турган адамдардын бири болуп калган. Никеси талкаланган, балдары ачууланган жана анын боору арактан зыян тарткан.
Биз аны менен сүйлөшүп жатканыбызда анын көзү ары-бери чуркап турат, кудум эле кимдир бирөөнү издеп жаткандай. Өзүнүн өткөн жашоосу аны тергөөчү сыяктуу аңдып жүрөт. Биздин сүйлөшүүлөрүбүз — «Кудай мени кечире алабы?» деген суроонун айланасында эле болду.
— Ал мага аял берди, а мен болсо анын баасына жете алган жокмун. Ал мага балдарды берди, мен аларды да колдон чыгарып жибердим.
Мен ага түшүндүргөнгө аракет кылдым:
— Ооба, сен жаңылыштың, бирок сен өзүң — жаңылыштык эмессиң. Кудай жер бетине мына биз сыяктуу адамдар үчүн келген.
Ал менин сөздөрүмдү кудум эле ээн талаа эрме чөл өткүндү сиңирип алгандай сиңирип алат. Биз аны менен кийинки жолу жолугушканыбызда, ал кайрадан ушул сөздөрдү угушу керек болот. Коркунуч кургатып салган топурак тынымсыз сугарууга муктаж.
Мен түрмөдө отурган бир киши менен кат алышып турамын. Чын-чынына келгенде, кат алышуулардын көп бөлүгүн ал жүргүзөт. Аны алдыда өзүнүн финансылык мыйзам бузуулары жөнүндө ойлоно турган үч жылдан беш жылга чейинки убакыт күтүп турат. Анын каттарында — ката кетиргени үчүн уялганы жана анын натыйжасындагы коркуу сезимдери үстөмдүк кылат. «А мен мени сүйгөндөрдүн баарын иренжиттим. Анын ичинде, Кудайды дагы. Өзгөчө, Кудайды», — деп жазат ал. Ал өзүнүн кылган күнөөлөрү Теңирдин кечирим чөйчөгүнөн ашып кетеринен коркот.
Бул көйгөйдө ал жалгыз эмес. Биз: «Кудайдын ырайым булагынын деле түбү болсо керек», — деп ойлойбуз. «Кайсы бир анык санга чейин гана кечирүүгө болот, андан башкасы ашыкча», — деп мажбурлайт биздин акыл-эсибиз. «Эгерде боорукердикти дайыма кредитке ала турган болсоң, эртеби-кечпи банкрот болосуң». Шайтанга мындай логика абдан жагат. Эгерде ал Кудайдын ырайымы талаптуу квота менен берилет дегенге бизди ишендире алса, анда биз төмөнкүдөй логикалык чечимге келмекпиз: биздин эсеп түгөндү. Кудай Өзүнүн тактысына алып барчу эшикти жаап койду. Каалашыңарча, тыкылдата бергиле; жадаганча сыйынгыла. Баары бир Кудайга болгон жол жабык.
«Кудайга болгон жол жабык» — анан коркунуч бүтүндөй бизди каптайт. Биз — жетим, алсыз жана байкушпуз. Бейиш, эгерде ал бар болсо, биздин маршруттук тизмеден сызылып салынган. Кудайды иренжиттим деген коркунучтун тиштери абдан курч.
Бирок Машайактын кычкачы бар. Ал Өзүнүн биринчи билдирүүсүндө эле азуу тиштерди жула баштайт: «…Коркпо, балам! Күнөөлөрүң кечирилди» (Мт.9:2). Байкасаңыз, Ыйса күнөөлөрдүн кечирилишин жана кайраттуулукту бир сүйлөмгө бириктирип жатат. Эр жүрөктүүлүк күнөөнүн көйгөйүн чечүүдөн башталышы мүмкүнбү? Келиңиз, талкуулап көрөбүз.
Ыйса муну баса албаган адамга айтат. «Бул жерден Ага төшөктө жаткан шал оорулуу бир адамды алып келишти…» (Мт. 9:2). Шал оорулуу адамда ит менен саякаттаганга же чуркаганга күчү жок болчу. Бирок анда сокур сезими менен аракеттенген төрт досу бар болчу. Алардын шаарына Ыйса келгенин угушканда, досун төшөнчүгө орошту да, Устатка алып жөнөштү. Машайак менен жолугушуу алардын досуна көптөгөн жакшылыктарды бере алмак.
Ыйса үйрөтүп жаткан үйгө көптөгөн адамдар чогулган эле. Элдер айнектин түбүнө, эшиктин оозуна кысылып алышкан болчу. Сиз Капернаумга Кудай Өзү түшүп келиптир дегенден башка бир нерсени ойлой алмак эмессиз. Бирок алсыз адамдын достору оңой эле жеңилип бере тургандардан эмес болчу, ошентип, алар өздөрү план түзө коюшту. «Алар элдин көптүгүнөн Ыйсага жакын бара алышпай, үйдүн чатырын ачышты да, Ал турган үйдүн төбөсүн тешип, шал оорулууну төшөгү менен түшүрүштү» (Мр. 2:4).
Тобокелдикке барган кадам. Үй ээлеринин уруксаты жок эле тамынын төбөсүн ачып салышканы адамдардын көпчүлүгүнө жага бербейт. Шал оорулуулардын арасында тарзанка менен тамдын тешигинен секирген фанаттар сейрек кездешет. Бардык эле мугалимдер өзүнүн сабагында импровизацияланган спектаклдер болушун жактыра беришпейт. Биз болуп өткөн окуяга үйдүн кожоюну жана «лифттин» жүргүнчүсү кандай реакция кылганын билбейбиз. Бирок биз Ыйсанын каршы чыкпаганын билебиз. Матай Анын жүзүндө кандай күлүмсүрөө турганын азыр гана жазып жаткан жок. Ыйса Өзүнөн сураардан мурда эле батасын берет. Бул бата таптакыр күтүүсүз бата болчу: «…Коркпо, балам! Күнөөлөрүң кечирилди» (Мт.9:2). Биз башка сөздөрдү күткөн жок белек? «Коркпо. Сенин буттарың айыкты. Шал оорусу өтүп кетти. Эми бостондук марафонго арызыңды жазып койсоң болот».
Ал адамдын буту кайнатылган камырдай болчу, бирок Ыйса ага булчуңду эмес, ырайымды тартуу кылды. Ал эмне жөнүндө ойлоп жатат? Абдан жөнөкөй. Ал биздин жүрөктүн тереңиндеги көйгөйүбүз — күнөө жөнүндө ойлонот. Ал биздин терең коркунучубуз — Кудайдын күтүүлөрүн актай албай каламбы деген коркунучубуз үчүн кам көрөт. Денени айыктыраардан мурда (муну кийинирээк ишке ашырат) Ыйса жан дүйнөнү айыктырган. «…Коркпо, балам! Күнөөлөрүң кечирилди» (Мт.9:2).
Күнөө кылуу — Кудай менен эсептешпей калуу, Анын осуяттарын барк албоо, Анын баталарын четке кагуу. Күнөө — бул Кудайсыз жашоо, өзүң үчүн гана жашоо. Күнөөкөрдүн жашоосу Кудайга эмес, анын «өзүнө» негизделет. Адам менен Обо дагы ушуну тандашпады беле?
Күнөө кетиргенге чейин алар коркунучу жок жашоодо жашашкан. Жаратылыш менен бир болушкан, Кудай менен бир болушкан, бири-бири менен бир болушкан. Эдем бир осуят менен — жакшылык менен жамандыкты билдирген даракка тийбегиле деген осуят менен осуятталган дүйнө болгон. Адам менен Ободо тандоо эркиндиги бар болчу, күн сайын алар Кудайга ишенүүнү тандашкан. Бирок кийин жылан пайда болуп, шектенүүнүн үрөнүн септи жана адамды кызыктыра турган сунушту киргизди. «Кудай чын эле… айтты беле?» — деп сурайт ал (Башт. 3:1). «…Кудайдай болуп каласыңар… » — деп убада берет ал» (Башт. 3:5).
Обо коркуп кеткен болсо керек. Кимдир бирөөлөр ал текебердикке, өзүмчүлдүккө, тил албастыкка алдырып койгонун айтышат… бирок ошол жерде баарынан мурда коркунуч болгон жок беле? Кудай мага кайсы бир маанилүү нерсени бербей коет, мен кайсы бир нерседен куру калам деген коркунуч эмеспи? Эдем мага жетиштүү болбой калат деген коркунучпу? Мага Кудай дагы жетиштүү болбой калат деген коркунучпу? Кудай мени куткарбайт деген коркунучпу?
Обо жана Адам бул коркунучтарды жеңип чыкканын элестетип көрүңүз. Жылан сепкен шектенүүгө каршы турганын ойлоп көрүңүз. «Боору менен сойлогон сен жаңылып жатасың. Биздин Жаратуучу бизге эмне керек болсо, баарын берген. Бизде Андан шектенгенге себеп жок. Чыккан жериңе кайра жөнө». Бирок алар мындай нерсени айтышкан жок. Алар коркунучту жеңип чыга алышкан жок, ошондо коркунуч аларды башкарып алды.
Обо Кудайга ишенбей калды, ишти өз колуна алды — анан жемишти — өз колу менен үзүп алды. «Эгерде Кудай муну кыла албаса, өзүм баарын кыламын», — деди. Адам болсо ага кошулду.
Өтө корккон адамдар кандай кылышса, Адам менен Обо да ошондой кылышты. Алар качып кутулганга аракет кылышты. «…Адам менен аялы Кудай-Теңирдин жүзүнөн качып, бактагы дарактардын арасына жашынып калышты. Ошондо Кудай-Теңир Адамды: «Сен кайдасың?» — деп чакырды. Адам: «Бактан Сенин үнүңдү угуп, коркуп кеттим… — деди» (Башт. 3:8–10).
Эгерде коркунучка үстөмдүк кылбасак, ал бизди күнөөгө алып барат. Күнөө жашынууга болгон умтулууга алып барат. Биз баарыбыз күнөө кетиргендиктен жашынып алабыз, бадалдын арасына болбосо дагы, сексен сааттык жумушчу жумабызга, кыжырыбыздын кайнаганына, динчилдик активдүүлүгүбүзгө жашынабыз. Кудай менен болгон мамиледен качабыз.
Кудай биздин жамандыкка жакын экенибизди жек көрөт дегенге ишенип алганбыз. Болгондо да, өтө ишенип алганбыз! Анткени биздин өзүбүздүн сүйлөгөнүбүз жана кылганыбыз өзүбүзгө жакпайт. Биз өзүбүздүн аял, эркек жандуулугубузду, ырайымсыз ой-пикирлерибизди жана өзүмчүл кылык-жоруктарыбызды жек көрөбүз. Эгерде кылган күнөөбүз биз үчүн оор болсо, ыйык Кудай үчүн канчалык жийиркеничтүү! Биз ошентип тыянак чыгарабыз: биз Кудайды ачууландырдык. Анан Кудайдын үнүн укканда бадалдын артына жашынгандан башка эмне аргабыз калмак эле?
Ышайа пайгамбар айткандай, биз күнөөнүн айынан адашып жүргөн койлор сыяктуу жалгыздыкка багынып жана дүрбөлөңгө түшөбүз. «Биз баарыбыз койлордой болуп адашып жүрдүк, ар кимибиз өз жолубузга бурулуп кеттик…» (Ыш. 53:6). Эгерде пайгамбар менин итимди бир эле жолу көргөндө, анда ал минтип жазмак: «Биз баарыбыз Молли сыяктуу адашып жүрдүк…»
Итим жакшынакай болгону менен анда кандайдыр бир өжөрлүгү, бейбаштыгы бар. Кошунанын үйү жактан бышырылып жаткан шишкебектин же жаңы төгүлгөн тамактын калдыгынын жыты мурдуна келер замат, аны эч кандай буйрук менен токтото албайсың. О, силердин жыйын жетекчиңер бул жаман иттин артынан көчөлөрдө канча чуркап жүрдү дейсиңер, ага жыйын жетекчисине туура келбеген сөздөрдү айткан. Ал «күнөө кылат» — кудум эле анын ээси жоктой, насаатчысы болбогондой жашайт. Ал дайыма адашып жүрөт.
Өткөн жумада биз аны бир жамандыкка туш болду деп ойлодук. Анын сүрөтүн бардык электр мамыларына жабыштырдык, тегерек-четтин баарын кыдырып чыктык, анын атын айтып тынбай чакыра бердик, чакыра бердик. Акыры, бир күн бою издегенден пайда чыкпагандан кийин, мен тентиген иттер жата турган жайга бардым. Ал жердин башчысына Моллинин сырткы көрүнүшүн сүрөттөп бердим. Ал мага ийгилик каалады да, эшигинин үстүндө «Жоголгон иттер» деген жазуу илинип турган иткананы көрсөттү.
Жаныбарларды сүйгөн мээримдүү адамдарга эскертүү: ал жакка барбагыла! Биздин шаардагы автомобилисттердин кинотеатрын жаап салгандан бери, мен мындай трагедияга туш боло элек болчумун. Капас артында — корккон көздөр. Алайып чоң ачылган, үмүтсүз көздөр. Мына, сапсагай каштарынын астынан тигиле тиктеген кокер-спаниелдин көзү. Кебетелери ар түрдүү, баштарына келген кырсык — окшош. Сокур каздарга окшоп адашып кетишкен, үйгө кайтып келүү жөнүндө түшүнүктөрү жок.
Кашаанын астындагы жазуу илинген тактайга ылайык, эки терьер алыскы шосседен табылып келинген. Кимдир бирөө гараждын артынан карыган пуделди таап келиптир. Мен кайраттуу жүнү бар сары ретриверди көргөнүмдө Моллини таптым деп ойлодум. Бирок ал эмес болчу. Негизи, ал ошол эле болчу — ошондой эле кара көздүү, жалгыздыктан жабыр тарткан, ошондуктан ошол көздөр менин унаамдын арткы орундугунан орун алып кала жаздады.
Мен иттер кармалчу жайдан Моллини тапкан жокмун.
Ошол жерде мени акылсыз бир ой каптады. Мен Ыйсанын кабарын жар салгым келип кетти: «Кубангыла! Силер эми адашкандар эмессиңер!» Мен ошол үй-жайсыз иттердин баарын үйүмө чогултуп алып кетким келди, машинамдын эшиктерин биринин артынан бирин ача салып, ала кет деп сурангандай үрүп жаткан иттердин баарын машинама салгым келди. Бирок мен андай кылган жокмун. Иттерге канчалык жардам бергим келсе дагы, үй-бүлөлүү адам бойдон калууну андан бетер каалап жаттым.
Бирок менде ушундай ой болду, ал ой Ыйса эмне үчүн Өзүнүн эр жүрөктүүлүк тууралуу айткан биринчи насаатында кечирим жөнүндө айтканын түшүнүшүмө жардам берди. Ооба, биз Кудайды иренжиттик, капаланттык. Бирок Кудай бизди таштабайт.
…Ал бизди караңгылыктын бийлигинен куткарып, сүйүктүү Уулунун падышачылыгына алып кирди…
Ага ишенген адам соттолбойт…
…Атамдын каалоосу — Уулун көргөн, Уулуна ишенген ар бир адамдын түбөлүк өмүргө ээ болуусу. Мен аны акыркы күнү тирилтем.
Кудайдын Уулуна ишенүү аркылуу түбөлүк өмүргө ээ болгонуңарды билишиңер үчүн, мен муну силерге — Кудайдын Уулуна ишенгендерге жаздым.
Ыйса бизди абдан сүйөт, Анын ырайымы бизде шектенүүнү жаратпайт. Анын «жеткилең сүйүүсү коркунучту жок кылат» (1 Жкн. 4:18).Эгерде Кудайдын сүйүүсү жеткилең болбогондо, бизде тынчсыздануу үчүн негиз болмок. Жеткилең эмес сүйүү биздин күнөөлөрүбүздүн тизмесин сактап коет жана ага тез-тез көз жүгүртүп турат. Кудай биздин катачылыктарыбыздын эсебин жүргүзбөйт. Анын сүйүүсү биздин коркунучубузду кууп чыгат, анткени Ал биздин күнөөлөрүбүздү кууп чыгат!
Бул убаданы өз жүрөгүңүзгө жазып алыңыз жана акылыңызга түйүп алыңыз. Жакан жазган каттагы сөздөрдү эсиңизге салыңыз: «эгерде бизди жүрөгүбүз айыптаса, анда андан бетер Кудай айыптабайбы, анткени Кудай биздин жүрөгүбүздөн чоң жана баарын билет» (1 Жкн. 3:20)[12]. Өзүңүздү кечирилбегендей сезгениңизде, бул сезимден арылыңыз. Эмоцияларыңыздын добуш берүүгө укугу жок. Ыйык Жазууга кайтып барыңыз. Кудайдын Сөзү биздин өзүбүздү-өзүбүз сындообуздан жана өзүбүздөн шектенгенибизден жогору турат.
Элчи Пабыл Титке мындай насаат сөздү айткан: «Анткени Кудайдын бардык адамдарды куткара турган ырайымы айкын болду… Ушуну бийлик менен айт…» (Тит. 2:11, 15). Сиз Кудайдын ырайымын билесизби? Анда эр жүрөктүүлүк менен толук кандуу өмүр сүрө аласыз. Ар дайым учууга умтуласыз — Анын коопсуздук тору сиз кулап бара жатканда куткарып кала алат.
Анык көрүнгөн, анык сезилген ырайымдан башка эч бир нерсе жүрөктө эр жүрөктүүлүктү ойгото албайт.
Ырайымды түшүнбөгөндө жүрөктөгү коркунуч күч алат.Сиздерге ачык айтсам болобу?
Эгерде сиз Кудайдын кечиримин кабыл албаган болсоңуз, анда коркунучка байланып калгансыз. Эч бир нерсе сизди өз Жаратуучумду тоотпой койдум, Анын насааттарын аткарбай койдум деген жан дүйнөңүздү өйүгөн түшүнүктөн кутулта албайт. Эч кандай даары-дармек, эч кандай шайыр-шатман көңүл ачуулар, психиатрлар, материалдык байлыктар күнөөкөрдүн жүрөгүн тынчтандыра албайт. Сиз коркунучуңузду убактылуу басканга алыңыз жетет, бирок андан арылууга алыңыз жетпейт. Буга Кудайдын ырайымынын гана күчү жетет.
Сиз Машайактын кечиримин кабыл алдыңызбы? Эгерде кабыл албаган болсоңуз, анда кабыл алыңыз. «Эгерде күнөөлөрүбүздү мойнубузга алып ачык айтсак, ишенимдүү жана адилеттүү Кудай күнөөлөрүбүздү кечирет жана бизди бардык адилетсиздиктен тазалайт» (1 Жкн. 1:9). Сиз жөнөкөй сыйынуу менен эле сыйынсаңыз болот: Ата, мага кечирим керек. Сенден баш тартып кеткенимди мойнума аламын. Суранам, мени кечир. Жанымды Сенин колуңа тапшырамын жана Сенин ырайымыңа ишенемин. Ыйсанын ысымынан сыйынамын. Оомийин.
Кудайдын кечиримин алганыңызда, кечирилген адам болуп жашайсыз! Ыйса сиздин буттарыңызды айыктырат, эми басыңыз! Ыйса темир тордун эшигин ачты — эркиндикке кадам таштаңыз. Ыйса сизди эркиндикке чыгарганда, сиз чын эле эркин болосуз.
Бирок балким сиз алгач короздун кыйкырыгына байланышкан көйгөйдү чечип алышыңызга туура келет чыгар. Т. Вашингтон[13] деген бир букер бизге пайдалуу жана сабак боло турган окуяны айтып берет, бир жолу анын апасы ошондой кылган экен. Ал бала кезинде плантациядагы бардык кулдар сыяктуу эле, эрте мененки убакыттарда короздун кыйкырган үнү менен ойгончу.
Күн чыгарына дагы көп убакыт бар кезде ызы-чуу салган бул кыйкырык чымдан жасалган кичинекей жер үйгө кирип келчү жана Вашингтон менен анын досторуна ордунан туруп, пахта талаасына жөнөй турган убакыт болгонун эскертип турчу. Короздун кыйкырыгы алардын таң аткандан күн батканга чейинки жумуштан көз каранды болгон жашоосунун символу болуп кала берген.
Бирок андан кийин Эркиндик жөнүндөгү декларация пайда болду. Авраам Линкольн кулдарды эркин адам деп жарыялады. Кийинки таңда аларды кайрадан эле короз ойготту. Болгону бул жолу анын апасы балтаны көтөрүп алып, корозду кууп жүргөн экен. Вашингтондун үй-бүлөсү эрте мененки тамакка өздөрүнүн кул экенин эскертип, жумушка барууга мажбурлаган корозду кууруп жеп коюшту. Алардын эркиндигинин биринчи кадамы бул, кулчулукту эскерткен нерсенин тамырына балта чабуу болгон.
А сиздин укташыңызга кайсы бир короздун кыйкырыгы тоскоол болуп жаткан жокпу? Балким, балта чаба турган мезгил келип жеткендир. Бул жакшы Кабардын улуу жаңылыгы — ооба, ырайым реалдуу, биздин эркиндигибиз да реалдуу[14].
Айтмакчы, жоголуп кеткен Моллиге эмне болду? Ал кошуна короодон эле табылды. Көрсө, ал үйдөн биз ойлогончолук алыска жоголуп кеткен эмес экен. Сиз да сиз ойлогондой анчалык алыска кеткен жоксуз.
4-БӨЛҮМ
ТҮЙШҮКТӨР МЕНДЕН КЕТКИЛЕ
Ошондуктан силерге айтарым: «Эмне ичип, эмне жейбиз?» — деп, жаныңар үчүн; «Эмне киебиз?» — деп, денеңер үчүн түйшүк тартпагыла. Тамакка караганда жан, кийимге караганда дене кымбат эмеспи!
БИР НЕРСЕНИН ЖЕТИШПЕСТИГИНЕН БОЛГОН КОРКУНУЧ
Невроз айым өзүнүн терезечеге бара турган кезегин күтүп жатып, колундагы билеригин чечти. Туфлисин конвейерге коюп, суюктугу бар тюбиктердин жана флакондордун баарын пакетке салды, капчыгынан отургузуу талонун алды. Толкундануудан улам ашказаны мыжыга сканердин порталынан өтө турган кезеги качан келерин күтүп турат, ал анда курал жок экенин ырастай турган аппарат болчу. Бул айым полдо бутка жугуп калчу оору жок бекенинен, персонал жеткиликтүү тажрыйбалуу бекенинен чочулап жатат, аргасыздан жүргүнчүлөр дароо эле турникетке өтө калып, өзүнүн рейсине отура калган ошол кездер кайда калды деп ойлонуп кетет. Ойлор коркунучтуу, бирок аларды кууп жибергенге мүмкүн эмес. «Азыркы заманда ийгилик бизди каалаган мезгилинде сатып кетиши мүмкүн…» Рентгендик аппараттын ары жагында коопсуздук кызматынын кызматкери көрүнөт, ал кайсы бир чоң эненин айланасында зонд айдап жүрүптүр. Невроз айым ага боору ооруй баштады эле, бирок өзүн кайра түздөп кетти. Террористтер дагы картайышат. Эми ушул чоң эне да биздин учакта учат бекен деп чочулай баштады.
Невроз мырза англис тили сабактарында эң арткы партада отурат.
Ал алдыда отурса жакшы болмок, бирок ал шаардын автобустарын күтүп жатканда жана кечки тыгындардан араң чыккыча, жакшы орундарды башкалар ээлеп алчу. Анын алакандарынан дагы деле идиш жуугуч каражаттын жыты жыттанып жатат, ал идиштерин эрте мененки алтыда жууган болчу. Он эки сааттан кийин ал кайрадан раковинанын жанында турат, бирок ал азыр этиштердин, тактоочтордун жана зат атоочтордун чытырман токоюнан аман-эсен чыгып алышы керек. Башкалар бул көйгөйдү чечип бүткөндөй көрүнөт. Бирок ал эмес. Ал эч качан сүйлөмдүн грамматикалык схемасын өзүнүн испан тилинде түзүп көргөн эмес, — ал аны бөтөн англис тилинде кантип түзсүн? Бирок мына, англис тилин билбесең — идиш жуугандан башка ишке орношо аласыңбы? Нервоз мырзада жоопторуна караганда суроолору көп, оор милдеттерди аткарганга жете турган күчүнө караганда, оор милдеттердин өзү көп, ал көп жолу — баарына кол шилтеп салсам болбойбу? — деп ойлонот.
Невроз айым уулун шарф тагынып жүрүшү керек деп эсептейт. Эми түшүп келген аяздын алдында температура жогорулабайт, а ал болсо түшкү тыныгуунун көп бөлүгүндө уулу кыроо баскан чөптүн үстүндө футбол тобун кууп жүрө турганын билет. Ал уулуна шарф тууралуу айткандан пайда жок экенин жакшы билет. Он үч жаштагылар шарф тагынып жүрүшпөйт. Бирок анын он үч жаштагы уулу кулак-мурун инфекцияларына кабылган, ошондуктан ал оролгон шарфты кечээ түн бир оокумга чейин уулу экөө чогуу кылган алгебра сабагынын тапшырмасы менен кошо сумкасына салып коет. Невроз айым уулуна үй тапшырмасын дагы бир сыйра текшерип коюну эскертип, коштошордо бетинен өөп, токтогон мектеп автобусун көздөй тепкичтен чуркап түшүп бара жаткан уулун карап турат. Көзүн бүркөлгөн асманды карай буруп, Кудайдан суй жыгылган апаларга кандайдыр бир куткаруу комплекттерин таштайт бекенин сурайт. «Бул жерде Сен жараткан бир адамга көбүрөөк күч керек».
Невроз бул күнү ушул бөлүм үчүн азап тартып, таңкы төрт жарымда ойгонуп алат. Кечки саат бешке чейин аны бүтүрүшү керек. Мен башымды жаздыктын астына тыгып алып, түш көрбөгөн, графиктер жана мөөнөттөр жөнүндө эскертпеген, мемиреген уйкуга кайтканга аракет кылам. Эх, кеч болуп кетти. Старттык пистолет атылды. Менин мээмдеги синапстардын олимпиадалык эстафетасы зуулдап жөнөп, адреналиндин толкундарын көтөрдү. Ошон үчүн Невроз төшөгүнөн туруп, кийинет да, эшиктен жашырына чыгып, менин офисиме алып бара турган жымжырт көчө менен жөнөйт. Мен күңкүлдөйм, алгач өзүмдүн жыш толгон расписаниеме, андан кийин — убакытымды бөлүштүрө албаганыма. Невроз эшикти ачат, менин компьютеримди күйгүзөт, экрандын мониторунда пайда болгон саптарга көз жүгүртөт жана биринчи цитатаны — Ыйсанын түйшүк жөнүндөгү сөздөрүн окуп күлүмсүрөйт.
Ошондуктан силерге айтарым: «Эмне ичип, эмне жейбиз?» — деп, жаныңар үчүн; «Эмне киебиз?» — деп, денеңер үчүн түйшүк тартпагыла.
Керектүү нерсенин баары жетиштүү болобу деп
Асмандагы канаттууларды карагылачы! Алар эгин экпейт, оруп-жыйбайт, кампага жыйнабайт, бирок Асмандагы Атаңар аларды азыктандырат. Алардан силер канча эсе артыксыңар! Кимиңер түйшүк тартуу менен боюңарды бир чыканак өстүрө аласыңар?
Тынчсыздануу канаттуунун жемсөөсүн жемге, ал эми гүлдүн жалбырактарын маанилүү суусунга толтурбайт. Бирок канаттуулар менен гүлдөр жыргалчылыкта жашаганга жөндөмдүү, ашказандын дарысын ичпей эле жашай алышат. Жашоонун бүтүндөй он жылын өмүрдүн түбөлүктүү эмес экени жөнүндөгү коркунучтарга арнап коюуга болот, бирок мындай кылуу менен аны бир мүнөткө да узарта албайт. Коркунуч эч нерсени алып келбейт.
Алып көрсөк, мен ойготор сааттын жагымсыз үнүнө башкача реакция кылмакмын. Жумушка киришкендин ордуна үч бүктөлүп эмбрион позасына түшүп алып, даттана ыйлактамакмын: «Басмаканадагылар өтө көп нерсени каалап жатышат! Ар бир жылы — жаңы китеп. Ар бир китепте — бардык бөлүмдөр жазылып бүткөн. Жок, атүгүл, Ыйса дагы мындай чыңалууга туруштук бере алмак эмес. Мен мөөнөтүнө таптакыр жетише албаймын. Анан ошондо басмаканадагылар мени жек көрүп калышат жана келишимди бузушат. Китеп сатуучулар Лукадо кол жазманы өз мөөнөтүнө бербегенин билишет жана менин китептеримди арткы короого алып чыгып, өрттөп салышат. Аялымды кодулай башташат жана балдарымды мектептен кууп чыгарышат. Менимче, эрте мененки чайга мага кичинекей стакандагы башка виски керек болуп калат».
Эмне болуп жатканын көрдүңүзбү? Кадимки мыйзамченемдүү бушайман болгондук коркунучтун айынан араккечтин жашоосундай үмүтсүз жашоого айланып калды. Мен невроздук абалдын чек арасына кадам таштадым. Андан ары эч нерсени пландаштырбастан жана эч нерсеге даярданбастан, мен кайгы менен бир тууган болуп алдым: «Оо, шордуу жаным, шордуу жаным». Машайак бизди ушул нерседен сактаган. Англис тилиндеги котормолордун биринде ал мындайча угулат: «Ошондуктан силерге айтамын, бардык мезгилде өз жашооңор үчүн толкунданганды (тынчсызданганды, коркконду) токтоткула» (Мт. 6:25).
Ыйса биздин өз милдетибизди аткаруу үчүн болгон мыйзам ченемдүү убарачылыгыбызды эмес, биздин жашообузга Кудайдын катышуусун четке каккан акылдын түзүлүшүн соттоп жатат. Бүлгүнгө салуучу коркунучтар Кудайды биздин жашообуздан сызып салат, ишенимдин жоктугунан ишенбестикке түртөт, күнүмдүк проблемаларды чечүүдө Кудайлык факторду колдонбой чечүүгө алып келет. Коркунуч — караңгы бөлмө, ал жерде негативдер позитивге айланып калат.
Менин бир досум ушундай ээ бербеген коркунучтун үлгүсүн өзүнүн алты жашар кызынан көргөн. Мектепке шашыла кийинип жатып, ал кроссовкасынын боосун катуу тартып байлап алат. Тепкичтен жыгылып, кыз өзүнүн буттарын коркуу менен тигиле карап калды. Мектеп автобусу келди, мүнөттөр биринин артынан бири өтүп жатты, а атасынын жанында экени жана ал аны чакырар замат ага жардам берери анын оюна да келген жок. Кыздын алакандары титиреп, көзүнөн жаш куюлду. Акыры, биротоло үмүтү үзүлгөндө, башын кучактап алып, боздоп ыйлап кирди.
Бул — бүлгүнгө салуучу коркунучтун балалык портрети. Бизди коркунучка жана үмүт үзүлүүгө байлап салган катуу байланган боо, ал биздин жаныбызда турган Атабыздын бар экенин байкатпай салат. Акыркы жыйынтыгында, менин досум кызына жардам керек экенин өзү билиши керек болду.
Эмне үчүн ошол кыз атасынан дароо эле жардам сурай койгон жок? Биз ошол эле суроону Ыйсанын шакирттерине бермекпиз. Аларды жардамдан бир эле сураныч бөлүп турду. Ыйса аларды дем алууга жөнөттү. Анын жүрөгү Жакан Чөмүлдүрүүчүнүн өлтүрүлгөнү жөнүндөгү кабардан улам кыйналып турду жана шакирттерине минтип айтты: «…Өзүңөрчө бөлүнүп, ээн жерге баргыла да, бир аз эс алып алгыла… Анткени келген-кеткендер көп болгондуктан, алардын тамактанууга да убактысы жок эле» (Мр. 6:31).
Бирок ошол жерде жей турган тамак-ашы болбогон көпчүлүк пайда болду. Бүтүндөй армия — он беш, а балким, жыйырма миң адам — алардын артынан ээрчип алды. Өздөрүнүн жүгүнөн башка өздөрү менен кошо эч нерсе алып чыкпаган бактысыз жана азап тарткан эл. Ыйса аларга бүтүндөй айкөлдүгү менен мамиле кылган. Шакирттери Анын боорукердигин бөлүшүшкөн жок. «Кеч киргенде, шакирттери Ыйсанын жанына келип: «Бул ээн жер экен, кеч да болуп кетти. Элди тарат, айылдарга барып, өздөрүнө тамак-аш сатып алышсын», — дешти» (Мт. 14:15).
О-о, бирөөлөр анча ыраазы болбой жатат. Ыйсанын шакирттери адатта Ага сый-урмат менен: «Теңир» — деп кайрылышчу. Бирок бул жолу эмес. Коркунучтар бизди кичинекей тиранга айландырып салат. Шакирттер суранышкан жок, буйрук берип жатышат:
— Элди тарат, айылдарга барып, өздөрүнө тамак-аш сатып алышсын.
«Алар эмне деп ойлоп жатышат — бизде стратегиялык запастардын кампасы бар бекен?» Мындай көпчүлүккө шакирттердин эч бир тамак-ашы жетпейт.
Шакирттеринин сый-урматсыздыгы Ыйсаны таптакыр тынчсыздандырбайт. Ал болгону аларга тапшырма берет: «Элди таратуунун кереги жок, аларга тамак-ашты силер бергиле» (Мт. 14:16). Шакирттердин кантип ийинин куушурганын, көздөрүн алайтканын, тегеректешип алышып, өздөрүнүн азыраак тамак-ашын кайрадан санай башташканын көз алдыма келтире аламын. Петир өзүнчө күңкүлдөгөн болсо керек:
— Нандарды эсептеп чыгалычы: бир, эки, үч, төрт, беш. Демек, бизде беш эле нан бар. Андрей, кайрадан санап чыкчы.
Анысы эсептейт:
— Бир, эки, үч, төрт, беш…
Петир нандарды четке чыгарып, балыктарды карайт. Ошол эле, эсептей турган нерсе жок:
— Балык… Карап көрөбүз. Бир, эки, үч… Аа жок! Мен бул балыкты эки жолу эсептеп чыктым. Сыягы, бизде эки эле балык бар!
Жыйынтык жарыяланды. «Бизде беш нан, эки балык эле бар» (Мт. 14:17). Бул жерде «эле» деген сөзгө өзгөчө көңүл бурдуруп айтып жатат. Минтип айтып жаткансыйт: «Бизде жарыбаган эле тамак-ашыбыз бар. Жетимдер жей турган ушул кечки тамактан башка эч нерсебиз жок». Күйүүчү майдын көрсөткүчү нөлгө түшүп калды; сааттын буралуусу түгөндү; буфетте болсо — күкүмдөр. Филип бизнес-планды түзгөнгө аракет кылат: «…Ар бирине бир аздан бергенде да, аларга эки жүз динарийге[15] келе турган нан жетпейт» (Жкн. 6:7). Бул эми ачуулануу менен айтылды — Сенин берген тапшырмаң өтө кыйын!
Сиздин оюңузча, Ыйса себетти мындай силкилдетүүгө кандай караган? Ал шакирттеринен бардык мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгуусун кааалаган болушу мүмкүнбү? Бардык кырдаалды эске алдыбы? Ал: кимдир бирөө сегизге чейин санай алат деп үмүт кылгандай сезилбейби?
— Эмесе, карап көрөлү… Беш нан, дагы эки балык, анан… анан сегизинчиси — Ыйса!
Ыйса Машайак. Бизге:
…Сурагыла, ошондо силерге берилет; издегиле, ошондо табасыңар; тыкылдаткыла, ошондо силерге эшик ачылат…
Эгерде Менин ичимде болсоңор, Менин сөздөрүм силердин ичиңерде болсо, эмне кааласаңар да сурагыла, силерге берилет.
…Кудайдан эмнени сурасаңар да, аларыңарга ишенгиле, ошондо силерге берилет — деп айткандын дал Өзү.
Шакирттердин көйгөйүнүн чечилиши алардын так эле жанында болчу… бирок алар Ага кайрылышкан эмес. Алар жети деген эсепте токтоп калышты, анан үмүтсүздүккө дуушар болушту.
А сизчи? Сиз жетиге чейин санайсызбы же сегизге чейинби?
Сиз чындап санай алганды үйрөнө алышыңыз үчүн, тынчсыздануу менен күрөшүүнүн сегиз ыкмасы мына мындайча.
1.
2.
3.
4.
5.
6.
7.
8.
Баарынан мурда байлыктын падышачылыгын издегиле, ошондо ар бир доллар үчүн калтырап-титирейсиңер. Баарынан мурда ден соолуктун падышачылыгын издегиле, ошондо ар бир так жана шишик үчүн коркконуңардан улам ого бетер ооруйсуңар. Баарынан мурда атак-даңктын падышачылыгын издегиле, ошондо мүмкүн болгон конфликттердин баарына катышасыңар. Баарынан мурда коопсуздуктун падышачылыгын издегиле, ошондо ар бир тырс эткен добуш үчүн кооптоносуңар. Бирок баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгын издегиле, ошондо ага ээ болосуңар. Биз ушуга таянсак болот, ошондо андан ары коркпой калабыз.
Сегиз кадам. Толкунданууну басуу. Сыйынуу. Өзүңүздүн коркунучтарыңызга кыймыл-аракетиңиз менен үстөмдүк кылуу. Сизди тынчсыздандырган нерсенин баарынын тизмесин түзүү. Ошол тизмеге анализ жүргүзүү. Чындап жашоо. Ашыкча түйшүктөрдөн арылуу. Кудай бар экени, Анын жетиштүү экени эсиңизде болсун.
Т-А-Я-Н-У-У
(Эми ушуну менен токтотсок болот. Саат беш болуп калды.)
5-БӨЛҮМ
МЕНИН БАЛАМ КОРКУНУЧТА
…Коркпо, бирок ишен. Ошондо кызың тирүү калат.
ӨЗ БАЛАСЫН САКТАЙ АЛБАЙ КАЛУУДАН БОЛГОН КОРКУНУЧ
Жаңы төрөлгөн балдар түнү ушунчалык ызы-чуу салышат деп мага эч ким айткан эмес. Түнү менен тынбастан. Алар ыйлашат, алар бышылдашат. Бир аз кыңкылдашат, ыйлакташат. Алар эриндерин чоп эттиришет жана күрсүнүшөт. Алар атасын уктатышпайт. Эң аз дегенде, Дженна менин көзүмдү жумдургусу келчү эмес. Мен Деналин уйкусун кандырып алсын дечүмүн. Кесар кесүүсүнөн кийинки дарылардын кыйыр таасирлеринин айынан ал аз уктачу. Ошондуктан биздин биринчи балабыз менен өткөргөн биринчи түндө Дженнаны мен караганмын. Биз өзүбүздүн сегиз фунт жана төрт унций[17] болгон сулуу кызыбызды жумшак кызгылтым төшөнчүгө ороп, токулма бешикке жаткырып, аны биздин керебетибиздин мен тарабына коюп койдук. Деналин дароо таттуу уйкуга кирип кетти. Дженна дагы апасын туурады. А атасычы? Атасы бөбөктөрдүн берген дабыштары эмнени билдирерин таптакыр түшүнө албай турду.
Дженнанын дем алуусу басаңдап калганда, мен кулагымды анын эриндерине жакын келтирип, анын тирүү бекенин түшүнгөнгө аракет кылдым. Анын дем алуусу тездеп кеткенде, ата-энелердин медициналык энциклопедиясынан «Бөбөктөрдүн өпкөсүнүн гипервентиляциясы» деген статьяны барактай баштадым.
Ал бышылдап, энтигип, бат-баттан дем алганда, мен да аны менен бирге бышылдап, бат-баттан дем алып жаттым.Бир канча сааттан кийин
«Биз ушул адам баласы үчүн жоопкерчиликтүүбүз».
Сенде канчалык тик жарлардын болгону маанилүү эмес. Сен парашютту узакка чейин жазбай душмандардын тылына секире турган, атайын даярдалган «деңиз мышыктарынын» отрядындагы бир диверсант болушуң мүмкүн. Сен өзүңдүн күндөрүңдү фонд биржасында өткөрүшүң мүмкүн, көз ирмем ичинде баасы миллиондогон долларларга барабар болгон чечимдерди чыгарышың мүмкүн. Бул маанилүү эмес. Атанын жүрөгү өзүнүн ата-энелик милдеттеринин бардык оордугун сезген ошол көз ирмемде калтырап-титиребей кое албайт.
Менин жүрөгүм ушундай болгон.
«Мен ушунун баарына кантип чыга алдым?» Мен өз жолума байкоо жүргүздүм. Алгач сүйүү болду, андан кийин той, андан кийин — баланын төрөлүшү жөнүндөгү
Ата-энелик милдеттердин автопоезди бизге коркунучка шыкала жүктөлгөн абалда келет. Биз өз балабызды оңтойсуз абалда калтыруудан, ага керектүү нерсенин баарын бере албай калуудан коркобуз. Бизде жетиштүү акча болобу? Анын суроолоруна бере турган жообубузчу? Жалаякчы? Тартмадан орунчу? Эмдөөлөр. Окуу. Үй тапшырмасы. Үйгө кеч келүүлөр. Мунун баары ата-энени түнкү уйкудан калтырганга ашыгы менен жетиштүү.
Биз булардын баарын жеңип чыкканга үйрөнсөк деле, коркунучтардын аары уюгу баары бир биздин башыбызда дүүлдөп тура берет. Кечээ кечинде мага телефон чалган энени мисалга алып көрөлү. Анын он жаштагы баласынын айынан чыныгы согуш жүрүп жатат. Сот процесстери, ата-эне, адвокаттар — баланы туш-туштан талап жиберишти. Уулу бул сыноолордун баарын чыдап көтөрө аларына апасынын көзү жетпейт.
Волейбол боюнча машыгуу жүрүп жатканда кокусунан эси ооп кулап түшкөн окуучу кыздын ата-энеси да ушундай абалда. Кызынын жүрөгүндө кемтиги бар экенин эч ким билген эмес жана мындан ары эмне болорун эч ким айта албайт. Биз анын төшөгүнүн жанында сыйынганыбызда, апасынын жүзүнөн жаш шорголоп, үмүтсүздүк жүрөгүн ээлеп алды.
Бул ата-энелер, эң аз дегенде, балдарынын кайда экенин билишет. Кызы үчүн сыйынып коюубузду өтүнүп чалган эне болсо билбейт. Анын жогорку класста окуган кызы жигити менен үйдөн качып кеткен. Анын жигити наркотикти жанындай жакшы көрөт. А кыз болсо жигитин жанындай жакшы көрөт. Экөө тең кайсы бир жакта тентип жүрүшөт. Апасы болсо жардам сурап өтүндү.
Коркунуч ата-энелердин жан дүйнөсүн муздатып, уулай турган аралашма менен каптап кирет. Ата менен апа балдар реанимациясынын эшигинде уктабай алаңдап турушабы, жашы жете электердин түрмөсүнө ар жумада жолугушууга келеби же сынган велосипеддин кычыраганын жана жолдо ыйлап жаткан баланын үнүн жөн гана угуп калабы, аларды бир эле ой азапка салат: бирдеме кылуу керек. Баласы азап тартып жатканда, ата да, апа да тынч отура албайт.
Жайыр тынч отура алган эмес.
Ыйса көлдүн берки өйүзүнө кайтып келгенде, Аны эл тосуп чыкты, анткени алар Аны күтүп жатышкан эле. Ошол учурда Жайыр деген киши келди. Ал синагоганын башчысы эле. Ыйсанын бутуна жыгылып, ал Андан өзүнүн үйүнө кирүүсүн өтүндү. Анткени анын он эки жашар жалгыз кызы өлүм алдында жаткан. Ээрчиген элдин көптүгүнөн Ыйса кысылып бара жатты.
Жайыр — Капернаумдагы жергиликтүү жыйындын жетекчиси, «синагога башчыларынын бири» (Мр. 5:22-аятты караңыз). Мэр, эпископ жана омбудсмен, баары бир адамда. Ал шаардын атынан сыйлуу конокторду кабыл ала турган адамдардан болчу. Бирок Галилей деңизинин жээгинде Жайыр Ыйсага келгенде, ал өзүнүн айылынын өкүлү катары келген эмес, ал кызы үчүн жардам сурап жалынып келген.
Өтө шашылыш зарылдык аны формалдуу сыпайылыксыз аракетке өтүүгө түрткөн. Ал салтанаттуу саламдашууга кызыкпайт жана конокко карай комплименттерди жаадырбайт, анын суранычы дүрбөлөңгө салчу коркунучтан улам айтылып жатат. Жакшы Кабарлардын бири минтип жар салат: «Жайыр… Анын бутуна жыгылып: «Кызым өлүм алдында жатат. Барып, ага колуңду тийгиз, ал оорусунан айыгып, тирүү калсын», — деп жалынып-жалбарды» (Мр. 5:22–23).
Баласын куткарып калуусун өтүнүп, бир гана Жайыр Жакшы Кабардын бетине жазылып калган эмес. Канаандык аял Ыйсага карай кыйкыра умтулган: «Мага ырайым кылчы, Теңир, Дөөттүн Уулу! Кызым жин оорусунан катуу кыйналып жатат» (Мт. 15:22). Жин оорусуна чалдыккан баланын атасы Ыйсанын шакирттеринен жардам издеген, андан кийин Анын Өзүнөн. Ал көз жаш төгүп: «Ишенем, Теңир! Менин ишенимимди арттыра көр», — деген. (Мр. 9:24).
Канаандык аял. Эпилепсиядан азап тарткан баланын атасы. Жайыр. Бул үчөө кокусунан эле жаңы осуяттагы кайсы бир коомдук уюмду — азап тарткан балдардын азап тарткан ата-энелерин түзүшөт. Алар куткаруучу аркандын бир учун өз колуна кармашып, бир учун Ыйсага сунушат. Ар бир окуяга Ыйса жардам берген. Ал эч кимисинен баш тарткан эмес.
Анын чексиз айкөлдүгү бизге муну билдирет: Ыйса ата-эненин жүрөгүнүн оорусуна боор ооруйт.
Чынында, биздин балдарыбыз — биринчи кезекте Анын балдары. «Балдар — Теңир берген мурас. Перзенттер — Ал берген сыйлык» (Заб. 126:3). Биздики болордон мурда алар Анын балдары болгон. Алар биздики болсо деле, мурдагыдай эле — Анын балдары.
Биз бул жөнүндө унутуп коебуз, балдарыбызды «биздин» балдарыбыз деп эсептейбиз, кудум эле, алардын ден соолугу жана жыргалчылыгы жөнүндөгү маселеде акыркы сөз бизде болгонсуп.
Андай эмес. Бардык адамдар — Кудайдын адамдары, биздин дасторкондо отурган ошол кичинекей адамдар да. Өзүнүн балдарын дайыма Кудайга ишенип, тапшырып турган ата-энелер акылдуу.
Бул жерде Ыбрайым эң белгилүү үлгү болуп саналат. Ишенимдин атасы Ыскактын да атасы болгон. Ыбрайым менен Сара бул баланын төрөлүшүн жүз жылга жакын убакыт күтүшкөн. Атүгүл, бул жерде эмне таң калыштуураак экенин деле билбеймин — Саранын токсон жашында кош бойлуу болгонубу же алар Ыбрайым экөө ошол куракта балалуу болуу аракеттерин уланта беришкениби. Аларга берилген тартуулардын ичинен эң улуусу Ыскак болгон. Кудайдын Ыбрайымга берген буйруктарынын баарынан ушул буйрук эң кыйыны болгон: «Ошондо Кудай мындай деди: «Жакшы көргөн жалгыз уулуң Ыскакты алып, Мориа жергесине бар. Мен сага ал жердеги тоолордун бирин айтам, ошол жерде аны бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чал» » (Башт. 22:2).
Ыбрайым эшегин токуп, өзү менен кошо Ыскакты жана эки малайын алып, курмандык чала турган жайга барды. Алыстан тоону көрүп, малайларына ошол жерде калып, күтүп турууларын буюрду. Анан ал өзгөчө көңүл бурууга татыктуу болгон сүйлөмдү айтты: «Силер бул жерде эшек менен калгыла. Ал эми уулум экөөбүз тигил жакка барып, сыйынып, анан силерге кайтып келебиз» (Башт. 22:5).
Ойлонуп көрүңүз, Ыбрайым муну кандай ишенимдүүлүк менен айтып жатат: Ыскак менен бирге
Жайыр дал ушундай нерсе анын кызы менен да болуп өтөрүнө үмүт кылган. Ал Ыйсадан анын үйүнө келүүсүн өтүндү (Лк. 8:41-аятты караңыз). Алыстан туруп жардам берүү атасынын жүрөгүн тынчтандыра алмак эмес, ал Ыйсаны өзүнүн үйүнүн дубалдарында көрүүнү эңсеген — эшигинен кирип, оорулуу кызынын төшөгүнүн жанында болушун. Ал Ыйсанын үйүнө кирүүсүн каалаган.
Менин аялымда дагы ошондой умтулуулар бар. Бир жолу мен Кудайдан сурап жатамын: «Сен эмне үчүн менин кыздарыма жана мага ушунчалык мээримдүүсүң?», а Ал жооп иретинде Деналинди көрсөттү: «Ал Мага сен жана силердин балдарыңар жөнүндө айта берет, айта берет».
Деналин регулярдуу түрдө биздин үйүбүздө ары-бери басып, сыйынып жүрө берет, уктоочу бөлмөлөрдүн жана башка имараттардын баарына баш багып чыгат. Ал кыздары жана күйөөсү үчүн сыйынганы токтойт. Деналин Жеремия пайгамбардын насаатын бүт бойдон аткарат: «Теңирдин алдында жүрөгүңдү суудай төк. Көчөлөрдүн булуң-бурчтарында ачарчылыктан өлүп жаткан балдарыңдын жаны үчүн Ага колуңду сун» (Жер. ыйы 2:19).
Урматтуу ата-энелер, буга биздин күчүбүз жетет. Биз берилген коргоочу жана туруктуу арачы боло алабыз. Биз Машайакка өзүбүздүн ата-энелик коркунучтарыбыз менен бирге келе алабыз. Чынын айтканда, эгерде мындай кылбасак, коркунучтарыбыздын жүгүн балдарыбызга жүктөп коебуз. Коркунуч кээ бир ата-энелерди параноиддүү түрмөчүгө айландырып салат, анан алар баласынын ар бир бош убакытын байкоого алып, анын ар бир досун ийне-жибине чейин териштире берет. Алар баланын өнүгүүсүнө тоскоолдук кылып жана аларга адамдарга ишенбей калуу деген ооруну жуктурушат. Эркин дем алууга жол бербеген үй-бүлөдө бала тумчугат.
Башка жагынан алганда, коркунуч ата-энени билип туруп кылмыш кылып коюга түртөт. Баласы өзүн ашыкча ыңгайсыз сезип, ашыкча эркин эмес сезет деп кооптонгондуктан, алар ага болгон талапты азайтышат. Көбүрөөк кучактап, азыраак дисциплиналашат. Алар керектүү болгон дисциплина сүйүүнүн билдирилиши экенин билишпейт. Көңүлчөөктүккө жол берүү. Кооптонуулардын параноясы. Биз мындай чектен чыгуулардан кантип кача алабыз? Биз сыйына алабыз.
Сыйынуу — ата-энелик коркунучтар суутулуш үчүн куюлган идиш. Ыйса ата-энелик көйгөйлөр тууралуу ушунчалык аз айткан, денелик жазалар, эмчек сүтү менен багуу, ата-энелик сүйүүдөн улам балдарын кызгануу, тарбия берүү жөнүндө бир да ооз ачкан эмес. Бирок Анын кылгандары бүтүндөй бир томго караганда сыйынуу жөнүндө көбүрөөк айтып турат. Ата–энелер ар бир жолу сыйынганда Машайак жооп берет. Анын апаларга жана аталарга болгон башкы чакырыгы кандай? Өзүңөрдүн балдарыңарды Мага алып келгиле. Аларды сыйынуунун күнөсканасында өстүргүлө.
Алардан бир күнгө алыс калсаңыз деле, алар менен өзүңүздүн батаңызды кошо калтырыңыз. Аларга бейпил түн каалаганыңызда, үстүлөрүн сыйынуу менен жаап коюңуз. Кызыңыздын географиядан берилген үй тапшырмасы татаал бекен? Бул үчүн аны менен бирге сыйыныңыз. Жаңы келген кыз сиздин уулуңузга жол бербей жатабы? Бул үчүн аны менен бирге сыйыныңыз. Сиздин балдарыңыз өзүнүн бул дүйнөдөгү жана башка дүйнөдөгү, бейиштеги, турак үйүнүн ордун терең сезе билүүсү үчүн сыйыныңыз.
Бир канча жыл мурда эртең мененки жекшембилик табынуу учурунда буга абдан олуттуу түрдө караган бир атаны байкадым. Биз Теңирди эскерүү кечесине катышканыбызда анын кичинекей уулу минтип сурады:
— Бул эмне, ата?
Атасы Теңирдин денесин билдирген нандын маанисин түшүндүрүп берди жана ага төп келген сыйынуу менен сыйынды. Бала чөйчөктүн кезеги келгенге чейин унчукпай турду. Кезек келгенде ал кайрадан сурады:
— Бул эмне, ата?
Атасы кайрадан түшүндүрө баштады — кан жана айкаш жыгачка кадалуу жөнүндө, ошондой эле, шарап кантип Ыйсанын канынын символу болуп калганы жөнүндө. Андан кийин ал дагы сыйынды.
Мен күлүмсүрөп гана турдум — бул ата өзүнө кандай грандиоздуу милдетти жүктөп алган. Ага түшүнүү менен баш ийкеш үчүн бурулганымда, мен анын «Сан-Антонио Спурс» командасынын белгилүү баскетболисти Дэвид Робинсон экенин көрдүм. Анын тизесинде анын алты жашар уулу Дэвид Робинсон-кичүү отурган болчу.
Бир суткадан азыраак убакыт мурда Дэвид «Финикс Сане» командасы менен болгон матчында триумфалдык чыгууну алдын ала аныктаган болчу. А эртең болсо Робинсонду Финиксте жооп иретиндеги мелдеште ойноо күтүп жаткан. Бирок жалпы улуттук телеберүүдөн трансляция кылына турган ушул эки маанилүү спорттук иш-чаранын арасында Дэвид ата болду. Азыр ал «команданын мыкты оюнчусу» да, олимпиадалык чемпион да эмес, кичүү Дэвидге ыйык Теңирди эскерүү кечесинин маанисин түшүндүрүп берип жаткан ата Дэвид. Эмесе, карап чыгалы, бул үч күндүн окуяларынын ичинен эң маанилүүсү кайсынысы? Эки баскетбол мелдешиби же Теңирди эскерүү кечесиби? Кайсынысы түбөлүктүүлүккө таасирин тийгизе алат? Оюн аянтчасында жеңип алган упайларбы? Же болбосо жыйында угулган насааттарбы? Кичүү Дэвиддин жашоосуна кайсынысы тереңирээк таасир бере алат? Кайсынысы маанилүүрөөк — атасы баскетболду кандай ойногонун көрүүбү же анын кантип шыбырап сыйынып жатканын угуубу?
Урматтуу ата-энелер, биз балдарыбызды бардык коркунучтардан сактап кала албайбыз, бирок биз аларды өмүрдүн булагына алып келе алабыз. Биз аларды Машайакка ишендире алабыз. Атүгүл, ушундай абалда деле, биздин «жээктеги сыйынуубуз» биз үчүн кыйын болгон тандоого алып келиши мүмкүн.
Жайыр менен Ыйса Жайырдын үйүнө бара жатышканда, «…синагога башчысынын үйүнөн бирөө келип: «Кызың өлүп калды. Устатты убара кылбай эле кой», — деди. Ыйса муну укканда, Жайырга: «Коркпо, бирок ишен. Ошондо кызың тирүү калат», — деди» (Лк. 8:49–50).
Жайыр эки карама-каршылыктын ортосунда туруп калды. Биринчиси — үйүнөн келген кабар: «сенин кызың өлдү». Экинчиси — Ыйсанын кабары: «коркпо». Бир тарабынан коркунуч жалбарып чакырып жатат. Бир тарабынан үмүт ишендирип жатат. Трагедия, андан кийин ишенич. Жайыр эки үндү угуп жатат, эми кимисине кулак саларын чечип алышы керек.
Биздин баарыбызда эле ушундай болот, туурабы?
Ата-энелик жашоонун каардуу реалдуулугу бизди мындай нерсеге мажбурлап жатат: колуңдан келген нерсенин баарын кылсаң болот, бирок баары бир Жайырдын ордунда болуп каласың. Балаңды коргойсуң, сыйынасың, бардык көлөкөлөрдү кубалайсың, бирок баары бир түн жарымда оорукананын кабыл алуу бөлмөсүндө отуруп каласың же жекшемби күнү наркомандардын клиникасына кирүү үчүн кол коюп бересиң, мына ошондо эки үндүн — үмүт үзүлүүнүн жана үмүттүн бирин тандаганга аргасыз болосуң. Жайыр үмүт үзүлүүнү тандай алмак. Ким аны: болду, жетишет деген чечими үчүн жемелей алмак. Анда Ыйса ага жардам бере алаарына эч кандай кепилдик жок болмок. Анын кызы өлүп калган эле. Жайыр жөн гана бурулуп кетип калса болмок. Биз баарыбыз, ата-энелер, анын мындай кылбаганына абдан кубанычтабыз. Биз Ыйсага өз балдарыбызды ишенип тапшырганыбызда, Ыйсанын эмне кылаарын билүү бизге ушунчалык зарыл.
Ал
Ыйса энесин дагы киргизди. Ушул көз ирмемге чейин ал кандайдыр бир себептерден улам көз жаздымда калып кеткен болчу. Албетте, балким ал кызынын төшөгүнүн жанында отургандыр. А балким, күйөөсү менен ыркы келишпей жүргөндүр. Машайак үй-бүлөлөрдү бириктирет. Оорулуу же ден соолугу жайында болбогон балдар үчүн кам көрүүдөгү кыйынчылыктар апа менен атанын ортосуна жик салышы мүмкүн. Бирок Машайак бул жерде аларды бириктирип жатат. Машайак эшиктин кире беришинде туруп, кайгыдан мүңкүрөй түшкөн апасын белги берип чакырып жатканын элестетип көрүңүз. Ал мындай кылганга милдеттүү эмес болчу. Ал аны чакырбай эле ичкери шашыла кирип кетсе болмок. Бирок ал апа менен ата бул бактысыздыкта чогуу болушун каалаган. Ыйса бардык үй-бүлөнү, мейли ал анча чоң эмес болсун, кыздын төшөгүнүн жанына чогулткан.
Ал
Ал үмүт менен ишенимди гана калтырып, шектенүүлөрдүн баарын сыртка кууп чыкты. Анан ишенимдин өзүнүн жакын чөйрөсүндө Ыйса «кызды колунан кармап: «Кыз, ордуңан тур!» — деди. Ошондо кыздын жаны өзүнө кайтып келди. Ал ошол замат ордунан турду. Ыйса кызга тамак берүүнү буйруду. Кыздын ата-энеси таң калды» (Лк. 8:54–56).
Кудай бактысыз ата-энелердин кайгысын чын жүрөктөн тең бөлүшөт. Бул бизди таң калтырабы? Анткени, Кудай дагы Ата да. Ал ата-энелик кайсы сезимдерди башынан өткөргөн эмес? Сиз балаңыздан айрылып калдыңызбы? Бул Кудайдын да башынан өткөн. Кимдир бирөөлөр сиздин балаңызды шылдыңдаштыбы? Анын Уулун да шылдың кылышкан. Кимдир бирөө сиздин уулуңузду өзүнүн максаттарына пайдаланып жатабы? Анын Уулуна жалган жалаа жабышкан, а ач көз досу болсо, Аны сатып кеткен. Сиз балаңыздын кантип азап тартканын карап турушуңузга туура келдиби? Кудай Өзүнүн Уулун айкаш жыгачта асылып турган жеринде көргөн. Сиз өзүңүздүн балаңызды бул жарыктыктагы бардык кырсыктардан сактап калгыңыз келеби? Кудай дагы кааламак. Бирок Өзүнүн бизге болгон улуу сүйүүсүнөн улам, «Өз Уулун аябастан, Аны баарыбыз үчүн берген Кудай кантип бизге Уулу менен кошо бардыгын бербесин?» (Рим. 8:32).
Бул «бардыгы» деген сөз эр жүрөктүүлүктү жана үмүттү камтыган болушу керек.
Биздин кээ бирибизге Жайырдын окуясын угуу кыйын. Ал сыйынгандай эле сыйынабыз, бирок ар бир ата-эненин жүрөгү үчүн эң кара түн болгон түндү мүрзөдө: өз баласынын өлүмүндө тосуп алабыз. Эч бир азапты буга салыштырууга болбойт. Жайырдын окуясы сизге кандай үмүттү бере алат? Ыйса Жайырдын кызын тирилтти. Эмне үчүн ал сиздин балаңызды сактап калган жок?
Кудай сиздин сурооңузду түшүнөт. Ал да Өзүнүн Уулун жерге жиберген. Ал өлүмдү сизден өтүп жек көрөт. Так ошол себептен улам, Ал аны жеңип чыккан. Кудайдын күчү мына ушунда: «өлүмдү жеңип, Жакшы Кабар аркылуу өмүрдү жана өлбөстүктү жарыкка алып чыкты» (2 Тим. 1:10). Өзүн Кудайга ишенип тапшыргандар үчүн өлүм — болгону бейишке өтүү. Сиздин балаңыз сиздин кучагыңызда болбошу мүмкүн, бирок Кудайдын кучагында болуу ага жакшы.
Кээ бир адамдар Жайырдын абалындай абалда узак убакытка чейин жүрө беришет. Сиз айтылган сыйынуулардын деңизинин жээгинен бир топ алыстап кеткенсиз, бирок али да сыйынууларына жооп алгандардын өлкөсүнө жете элексиз. Сиз балаңыз үчүн көз жашыңызды төктүңүз — ар бир периштенин боору ооруй турган көз жашты төктүңүз. Кээде сизге суранычыңыз аткарылышына ушунчалык жакын сезилгендиктен, Машайак сиз менен бирге сиздин үйүңүзгө бара жаткандай болот. Бирок эми сизде мындай ишенимдүүлүк түгөндү. Сиз бул жолдо өзүңүздү жалгыз сезесиз, өзүңүздөн Машайак сизди жана сиздин балаңызды унутуп койгон жок бекенин сурайсыз.
Унуткан жок. Ал ата-энелик сыйынууларды эч качан четке какпайт. Өз балдарыңызды Кудайга ишенип тапшырыңыз, ошондо тиешелүү убакытта, тиешелүү жерде Кудай аны сизге кайтарып берет.
Чейрек кылым мурда ошол түн ортосунда мен өзүмдүн кызымды Кудайга ишенип тапшырганмын. Аны жаңы гана сатып алган термелүүчү бешикте терметип отуруп, мен Ыбрайымдын Ыскакты курмандык чалынуучу жайга кантип жаткырганын эстедим жана дал ошондой кылууну чечтим. Узак өмүр сүрүүчүнүн жолун жолдоп, конок бөлмөбүздү Мориа өлкөсүнө айландыра салдым да, наристемди асманга көтөрдүм. «Мен бул баланы тирилте албаймын, — деп мойнума алдым, — бирок Сен кыла аласың. Мен аны Сага кайтарып беремин». Ошол көрүнүш көрүнүштүн дал өзү болгон болсо керек — уктоочу кийим кийген ата өзүнүн жалаякка оролгон наристесин шып жакты карай көтөрүп турганы. Бирок кайсы бир нерсе мага ата-энелер менин бул аракетимди колдой турганын айтып турат. Алардын арасында Ыбрайым, Жайыр жана, албетте, Кудай бар.
6-БӨЛҮМ
МЕН УШУНЧАЛЫК ТЕЗ ЧӨГҮП КЕТЕМИН
Бирок Ыйса ошол замат аларга: «Кайраттангыла! Бул Менмин, коркпогула!» — деди.
ОЛУТТУУ КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРДЫН АЛДЫНДАГЫ КОРКУНУЧ
Учаардын алдында менин көрүнүшүм «Мыкты аткыч» фильминдеги бир аз карый түшкөн Том Круздай эле — жайкы аскердик шлем, жайкы костюм жана дарбыздын бир тилимин элестеткен күлүмсүрөө. Учкандан кийин Круз кайдадыр жоголуп кетти. Мен талаадагы жамгыр жууп кеткен сөөк сымал купкуу элем. Ары-бери теңселип — бир жагыма кыйшайып басып калдым. Бир аз мурда эле ийри-буйру болуп күлүмсүрөп турган эриндерим бизди кабыл алган конуу сызыгы сыяктуу кемчилиги жок түптүз сызыкка айланып калды. Бул метаморфозаларды бийиктиги он миң метр, узактыгы алтымыш мүнөт болгон аба акробатикасына кошуп койуңуз. Мен кабинада подполковник Том Макклейндин дал артындагы орундуктан орун алдым. Пенсияга чыгарына бир ай калганда, ал мени өзү менен кошо тааныштыруучу учууга чакырды. Чакыруу төмөнкүлөр менен толукталды:
• учуу алдындагы медициналык кароо (бул учурда катапульттук креслону мага ыңгайлаштырыш үчүн менден өлчөмдөрдү алышты);
• коопсуздук техникасы жөнүндөгү инструктаж (мен машыгып жүргөн учурдагы катапульттун рычагын жулкуу);
• машыгуу парашютунда бекем болуудан көз каранды болгон бир канча секунд (катапульт иштеп кеткенден кийин менин жерге кайтып келүүмдүн имитациясы иретинде).
САК (Согуштук аба күчтөрү) департаментине коомчулукка байланышкан кайрылуум мындайча: катапульттоо жөнүндөгү сүйлөшүүлөрдү токтото турган мезгил келип жеткен жокпу? Жыйынтыгында ал баары бир бизге керек деле болгон жок. Айтмакчы, кичинекей жетишкендик деле эмес — анткени биз ылдый түштүк, көтөрүлдүк, кайра ылдый түштүк, мезгил-мезгили менен — мүнөтүнө он миң фут ылдамдыктагы вертикалдык ылдамдык менен. Биз Т-6 тандеми менен учтук. Кайсы бир көз ирмемде биздин канаттарыбыздын учтарынын аралыгы жети фут болуп жатты. Мага дүкөндөрдө деле арабаларды бири-бирине ушунчалык жакын түрткөн жакпайт.
Абада өйдө-төмөн бир саат учкандан кийин мен мына муну түшүндүм:
• САК нүн учкучтарына аз төлөшөт. Алар канча алышканын билбеймин, бирок канча болсо дагы баары бир аз. Өзүнүн өлкөсүн саатына 600 миль ылдамдыкта коргоого макул болгон ар ким бардык сыйлыктарга татыктуу.
• Учкучтардын чакырыла турган аты алардын шлеминин желке бөлүгүнө жазылган.
Алардын чакырыла турган аттары укмуштуудай: «Альпинист». «Буйвол». «Эпчил». Мага «Макс» деген чакырылуучу атты беришти. Уккан кулакка жаман эмес, чынбы? Подполковник Макклейн — Улуу Макклейн — деген кайрылуу менен чакырылат. Анын шлеминин артында ушинтип жазылган. Мен муну анык билемин. Элүү мүнөт, атүгүл, алтымыш мүнөт бою мен бир гана ушул жазууну тиктедим. Мен аны башынан аягына, андан кийин аягынан башына чейин окудум, тамгаларын эсептедим, аягында, бул аббревиатуранын маанисин чечмелеп чыктым — «Кудайым Ыйса Теңирим менин». Менин ашказанымдын абалы бул жазуудан башка эч бир нерсени караганга жол берген жок. Горизонттун линиясы өзүнүн чабууларын бир көз ирмемге деле токтоткон жок. Менин алдымдагы приборлук панель сыяктуу. Көзүмдү жумсам, андан бетер көңүлүм айланды. Ошондуктан мен “Улуу Макклейн” деген жазууну гана карадым. Акыры, бул учкуч дээрлик алты миң саат бою учкан!
Алты миң саат! Ал мен пиццаны жей турган убакытыма (бул ой мага кечээ кечки тамакты ныктап жеп алганым үчүн өкүнө баштаганымда келди) караганда көбүрөөк убактысын учууга короткон. Алты миң саат! Асмандын үзгүлтүксүз вахтасынын сегиз айы бою суткасына жыйырма төрт саат учуу — жер шарын экватор боюнча 143 жолу айланып чыкканга жете турган убакыт. Биз кабинага киргенибизде эмне үчүн ушундай жылмайганы эми түшүнүктүү болду. Бул учуу ага үч дөңгөлөктүү велосипед менен саякатка чыккан менен барабар болчу. Атүгүл, мен анын токсон градуска кыйшайып бурулуп жаткан кезде деле ырдаганын уктум.
Мен кайда карашым керек экенин тез эле үйрөнүп алдым. Мен эми ылдыйды жана эки жагымды карабай койдум. Менин көзүм учкучка тигилди. Эгерде Макклейн жайында болсо, демек менде да баары жайында. Ар бир пертурбация убагында кайда караш керектигин билемин.
Петир ушул эле сабакты кыйынчылык менен өздөштүргөн. Эгерде оюбузда учакты отуз футтуу балыкчылардын кайыгына, ал эми Сан-Антонионун асманын — Галилей деңизине айландыра турган болсок, анда биз аны менен абдан окшош болгон абалга кабылганбыз. «Ал убакта кайык көлдүн ортосуна жетип калган эле. Карама-каршы тараптан шамал соккондуктан, толкун кайыкты ары-бери чайпап жатты» (Мт. 14:24).
Белгилүү көлдөрдүн арасында Галилей деңизи — узундугу болгону он үч мил жана кеңдиги жети жарым миль болгон кичинекей, бирок өтө өжөр деңиз. Кичинекей болгон үчүн ал Голан бийиктигинен соккон шамалга өтө эле оңой багынып берет. Алар анын сууларын бирде бир тарапка, бирде болсо башка тарапка чайпаган коктейлдин шейкерине айландырып салышат. Кыш айларында мындай бороондор ар бир жумада болот жана деңиз эки-үч күндөп көбүктөнүп турат[19].
Петир жана анын сүзүүдөгү жолдоштору кандай кырсыкка кабылышканын жакшы билишти. Алтымыш мүнөттүк саякат кырсык менен алышкан түнкү узак салгылашууга айланды. Кайык термелип, март айынын шамалына учкан батперектей жулкунуп жатты. Күндүн нурунан болгону алсыз эскерүүлөр гана калды. Түнкү асмандан жаан чакалап куюп жатты. Күмүш кылычтуу чагылгандар караңгылыкты кесип жатты. Шамал парусту жулкуп, а кайык болсо «көлдүн ортосуна жетип калган эле. Карама-каршы тараптан шамал соккондуктан, толкун кайыкты ары-бери чайпап жатты» (Мт. 14:24). Бул сүрөттөө сиздин жашооңуздун кайыгына дал келеби? Балким, биз бир канча зат атоочту кошуп койсок жетиштүү болот чыгар…
Ажырашуу деңизинин ортосунда, аны күнөө сезимдеринин толкундары ары-бери чайпап жатты…
Карыздардын деңизинин ортосунда, аны кредиторлордун толкундары ары-бери чайпап жатты…
Зыяндуулуктун деңизинин ортосунда, аны жеңилдиктердин жана дотациялардын толкундары ары-бери чайпап жатты…
Суу болгон жана үшүп калган шакирттер бороон менен тогуз саат бою күрөшүштү. Таңкы саат төрттө гана айтып түшүндүрө алгыс бирдеме болуп өттү. Алар суу үстүнөн басып Келе жатканды көрүштү. Алар «коркуп кетип: «Бул — элес!» — деп кыйкырып жиберишти» (Мт. 14:26).
Алар Ыйсанын аларга ушундай жол менен келишин таптакыр күтүшкөн эмес. Биз дагы мындайды күтпөйбүз. Биз Аны бизге жыйындагы ырдалчу гимндин добушунун астында же пасхалык жекшембиде, же жалгыздыкта тынч отурганыбызда келет деп божомолдойбуз. Бизди Ыйсага эрте мененки табынуу, жыйындагы чай ичүү, сыйынуу жакындатат деп үмүт кылабыз. Аны дүрбөлөң түшкөн биржадан, иштен чыгарылуулардын арасынан, сот процесстеринен, мүлктү тизме кылуудан же согуштан жолуктурабыз деп ойлобойбуз. Биз аны бороон-чапкын мезгилинде көрөбүз деп таптакыр күтпөйбүз. Бирок дал ошол бороон-чапкындын ичинде Ал Өз иштеринин эң мыктысын жасайт, дал ошол бороон-чапкында биздин көзүбүзгө аныгыраак көрүнөт.
Шакирттеринин коркуп кеткенине Ыйса ар бир жыйындын түбөлүккө калуучу негизги бурчтагы ташына жана ар бир жыйындын дубалдарына кызмат кылганга татый турган сөздөр менен жооп берген: «Кайраттангыла! Бул Менмин, коркпогула!» (Мт. 14:27).
Бул сөздөрдөн күч сезилип турат. Реанимацияда өзүңө келип, күйөөңдүн сага: «Бул менмин», — деп жатканын угасың. Пенсия үчүн чогулткан акчалардан кол жууп калганда, бир туугандарыбыздын жана жакындарыбыздын «биз сени мененбиз» деген сөзүнөн колдоону сезебиз. Жаш бейсболист оюн мезгилинде трибунадагы апасы менен атасын байкап калса, ата-энелик «биз бул жердебиз» деген белги ал үчүн чоң мааниге ээ. Балким, дал ушул себептен улам Ал дайыма: «Бул Менмин. Мен ушул жердемин» — деп эскертип турат.
Теңир жакын.
…Мен Атамдын ичиндемин, силер Менин ичимдесиңер…
…Бул дүйнөнүн акырына чейин, бардык убакта Мен силер менен болом.
Мен аларга түбөлүк өмүр берем, алар эч качан өлүшпөйт. Аларды Менин колумдан эч ким тартып ала албайт.
…Анткени Кудайдын Теңирибиз Машайак Ыйса аркылуу көрсөткөн сүйүүсүнөн бизди өлүм да, өмүр да, периштелер да, жогоркулар да, күчтөр да, азыркы учур да, келечек да, бийиктик да, тереңдик да, жаратылган эч бир нерсе ажырата албастыгына толук ишенемин.
Биз Кудай жок болгон жерди таба албайбыз. Арт жагыңызды караңыз — Кудай сиздин артыңызда бара жатат. Алдыңызда каптап келе жаткан бороон-чапкынды караңыз — Машайак сизге келе жатат.
Петир Ыйсанын сөздөрүн текшерген: ««Теңир! Эгерде бул Сен болсоң, буйрук бер, мен Сага суу үстү менен басып барайын», — деди. Ыйса ага: «Кел», — деди. Петир кайыктан түшүп, суу үстү менен басып, Ыйсага жакын барды…» (Мт. 14:28–29).
Эгерде деңиз мемиреп турганда, Петир бул тууралуу эч качан суранмак эмес. Эгерде Ыйса тегиз, жылмакай тынч турган суу үстү менен басып келгенде, Петир биринчи болуп кол чапмак, бирок анын кайыктан түшө турганына шектенем. Бороон-чапкындар бизди мурда жасап көрбөгөн аракеттерге түртөт. Бир канча тарыхый, суктанткан көз ирмемдердин аралыгында ошол бир канча кадамды таштоо менен, Петир мүмкүн болбогон нерсени ишке ашырган. Ал жаратылыштын жана физиканын мыйзамдарынын баарын четке каккан. «Петир кайыктан түшүп, суу үстү менен басып, Ыйсага жакын барды».
Менин редакторлорума мындай лаконизм жакмак эмес. Аларды дароо эле кызыл белгилер менен толтуруп салышмак: «Майда-чүйдөсү кайда? Петир кайыктан канчалык тездикте түшө калган? Бул мезгилде шакирттер эмне кылып жатышкан? Алардын бетинен эмнени көрүүгө болор эле? Петир буту менен кайсы бир балыкты басып алган эмеспи?»
Мындай суроолорго жооп берип отурганга Матайдын убактысы жок. Ал болуп өткөн окуянын маңызына бизди умтулуу менен алып барат: бороон-чапкын болуп жаткан кезде биз кайсы жакты карашыбыз керек? «…Бирок катуу шамалды көргөндө, коркуп кетип, чөгө баштады. Ошондо ал: «Теңир! Мени сакта!» — деп кыйкырды» (Мт. 14:30).
Анын көзүн суунун көтөрүлгөн дубалы каптап калды. Шамалдын катуу кыймылы ушунчалык күчтүү сокку бергендиктен, кайык ийилип, кычырай баштады. Чагылгандын жаркыраганы көлдү жана анын үстүнө үймөктөлүп жабылган тоодой толкундардын тобун жаркыратып жатты. Петир көз карашын Ыйсадан алып, толкундарга бурду, анан сазга баткан таштай болуп, чөгө баштады. Эгерде Келе жаткан Ыйсага караганда буркан-шаркан түшүп жаткан толкундарга көбүрөөк карай турган болсоң, Петир кабылган окуядай окуяга даярдана бер.
Бороон-чапкын болобу же жокпу — аны биз чече албайбыз. Бирок биз бороон-чапкын болуп жаткан кезде кайда кароону тандай алабыз. Бул чындыктын ырасталышын мен кардиологдун кабинетинде отурган жеримден жолуктурдум. Бир канча убакыт мурда менин жүрөгүмдүн ритмдери өзгөрүп, кандайдыр бир Морзе алиппесинин белгилерин бере баштады — кардиограммада ал автомобилдин кыйшайган жолдору сыяктуу көрүндү. Ошондуктан мен адиске кайрылдым. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгын карап, мага бир канча суроолорду бергенден кийин, дарыгер түшүнө баш ийкеди жана аны кабинетинде күтө турушумду айтты.
Мен мектепте окуп жүргөн кезимде эле мени директордун кабинетине жөнөтүшкөнүн жактырчу эмесмин. Мени дарыгердин кабинетине пациент катары жөнөтүшкөнүн жактырбаймын. Бирок мен эшиктен кирдим, креслого отурдум жана ошол жердеги көптөгөн дипломдордун мол түшүмүн байкадым. Алар бардык жерде бар экен. Университеттин диплому. Ординатуранын диплому. Анын аялы берген диплом (сиз бул тамашанын маанисин баалап көргөнгө чейин күтө турам).
Мен анын ийгиликтерине канчалык көбүрөөк караган сайын, өзүмдү ошончолук жакшы сездим. «Мен ишеничтүү колдомун». Мен креслого чалкалап жазданып алган кезде, анын медайымы ичкери кирип, мага бир кагазды сунду.
— Дарыгер азыр келет, — деп түшүндүрдү ал. — Ага чейин сиздин бул жыйынтык менен таанышып турууңузду каалады. Бул кагазда сиздин жүрөк-кан тамыр системаңыздын абалы кандай экени жазылган.
Мен көзүмдү дипломдордон алып, менин оорум жөнүндөгү жыйынтыкка бурдум.
Мен аны окуп жаткан кезде каршымдан шамал сого баштады. Анда «жүрөктүн алдыңкы бөлүгүнүн фибрилляциясы», «аритмия», «эмболия», «кан тромбдору» сыяктуу жагымсыз сөздөр мени өзүмдүн жеке Галилей деңизиме чөккөнгө мажбур кылды. Менин бейпилчилигиме эмне болду? Бир мүнөт мурда өзүмдү бир кыйла жакшы сезип турганмын. Ошондуктан мен тактикамды өзгөрттүм. Мен диагнозго дипломдорду каршы койдум. Жаман кабарлардын абзацтарынын арасында мен жакшы кабарлардын дубалын көрдүм. Кудай бизден мына ушуну каалайт.
Анын кайраттуу болууга чакырган чакырыгы — бул көздү жуумп коюга же түшүнбөстүккө чакыруу эмес. Биз жашоо бизге алып келе турган, айлабызды кетирген кыйынчылыктар тууралуу унутпашыбыз керек. Кудайдын кылгандарына тигиле кароо менен, биз аларды тең салмактап алышыбыз керек. «Ошондуктан ишенимден тайбаш үчүн, уккан сөзүбүзгө
Менин бир досум күйөөсүнүн оорукана керебетиндеги убактысын кыскартканча, өзүнүн рухун руханий гимндер менен бекемдеген. Бир канча мүнөт сайын жуунуучу бөлмөгө кирип, «Сенин ишенимдүүлүгүң улуу» деген гимндин бир канча саптарын ырдаган. Сиз да ушундай кылыңыз! Ыйык Жазуунун сөздөрүн жаттап алыңыз. Улуу адамдардын өмүр баяндарын окуңуз. Ишенимдүү машайакчылардын күбөлөндүрүүлөрү тууралуу ой жүгүртүңүз. Ал сиздин табынууңуз болсун үчүн эстүүлүк менен аракет кылыңыз. Эр жүрөк болуу дайыма колубуздан келет.
К. С. Льюис бул ойлорду укмуш саптар аркылуу билдирген:
Ишеним… бул — бир жолу акылыңыз менен кабыл алган ишеничиңизди сактап калуу искусствосу, ал сиздин маанайыңыздын өзгөрүшүнө көз каранды болбойт, анткени акылыңыз кайсы көз карашты карманганына карабастан, маанай өзгөрүлүп турат. Мен муну жеке тажрыйбамдан улам билемин. Эми, машайакчы болгонумда, кээде машайакчылык мага абдан шектүү сезилген рухта болуп калам, а мурда болсо, мен атеист болуп жүргөн кезимде, менде машайакчылык эң жогорку деңгээлде ишенимдүү көрүнгөн учурларым деле болгон… Мына ошондуктан ишеним ушунчалык зарыл жакшылык кылуучу болуп саналат. Өзүңүздүн маанайыңызды ооздуктап, аларды ордуна койгонду үйрөнгөнгө чейин, сиз чыныгы машайакчы да, чыныгы атеист да боло албайсыз; ишеними аба-ырайы же тамак сиңирүү менен аныкталган, жаны жай албаган бирөө болуп жүрө бересиз[20].
Өзүңдүн коркунучуңа тамак бер, ошондо сенин ишенимиң ачкалыктан өлөт. Өзүңдүн ишенимиңе тамак бер, ошондо сенин коркунучтарың өлөт.
Жеремия ушундай кылган. Бороон-чапкын каптаган адам мына ушул адам! Убакыт шкаласын алты жүз жыл артка алып баралы да, эски осуяттагы бул пайгамбардын сөздөрүнөн сабак алалы. «Мен Теңирдин каар таягынын соккусунан улам кайгыны баштан өткөргөн адаммын. Ал мени жетелеп, жарыкка эмес, караңгылыкка киргизди. Ал мага каршы бурулуп, күнү бою Өз колун менден тарткан жок…» (Жер. ыйы. 3:1–3).
Жеремия үмүтү үзүлүп, остеохондроз болгон жирафка окшоп капалуу жүргөн. Иерусалим курчоого алынган, пайгамбардын эли зордук-зомбулуктан азап тарткан. Курчап турган дүйнө кудум бороондун кысымынан улам ураган кумдан салынган чеп сыяктуу чачырап кеткен. Өзүнүн жан дүйнөсүнүн азаптары үчүн Жеремия Кудайды айыптаган. Өзүнүн денелик ооруларын дагы ал Кудайга жүктөп койгон. «Ал… менин денем менен теримди жабыркатты, сөөктөрүмдү талкалады» — дейт (Жер. ыйы. 3:3–4).
Анын денеси ооруп жаткан. Жүрөгү катуу онтоп жаткан. Ишеними алсыраган. «Ал… мени тегерете тосту, мени кайгы жана кыйынчылык менен курчады» (Жер. ыйы. 3:3, 5). Жеремия өзүн туюк көчөгө кирип алган троллейбустай сезген. «Ал… чыгып кетпесин деп, мени дубал менен курчады, кишендеримди оордотту. Мен жалынып-жалбарып кайрылганымда, сыйынуумду токтотуп койду. Менин жолдорумду таштар менен тосту, жолдорумду бузуп салды» (Жер. ыйы. 3:3, 7–9).
Жеремия бизге толкундун бийиктиги жана шамалдын күчү жөнүндө көп нерсени айта алмак. Бирок ал ошол жерде канчалык тез чөгүп бара жатканын түшүнгөн. Ошондуктан ал башка жакка караган. «Мен өз жүрөгүмө мындай деп жооп берип, үмүт кылып жатам: “Теңир ырайымдуу болгондуктан, биз жок болуп кеткен жокпуз, анткени Анын ырайымы түгөнгөн жок. Анын ырайымы ар бир таңда жаңырып турат. Сенин ишенимдүүлүгүң зор! Теңир менин бөлүгүм, — дейт менин жаным, — ошондуктан мен Андан үмүттөнөм”» (Жер. ыйы. 3:21–24).
«Мен өз жүрөгүмө мындай деп жооп берип… жатам». Кайгылардын арасында Жеремия өзүнүн ойлорунун багытын өзгөртүп, көз карашын бурган. Ал аны толкундардан алып, Кудайдын кереметтерине бурган. Анан дароо анын акылына Кудайдын беш убадасы келе калат (Ал колунун манжаларын бүгүп эсептеп жатканын көрүп турам).
1. Теңирдин ырайымы менен биз жоголуп кеткен жокпуз.
2. Анын боорукердиги азайган жок.
3. Ал ар бир таңда жаңыланып турат.
4. Сенин ишенимдүүлүгүң улуу!
5. Теңир — менин бир бөлүгүм.
Бороон-чапкын токтогон жок, анын үмүт үзүлүүсүнүн аягы келди. Петир менен да ушундай болгон. Суунун ичинде чабалактап жатып, ал Машайакка бурулду да: «“Теңир! Мени сакта!” — деп кыйкырды. Ыйса колун сунуп, аны дароо кармап калды. Анан ага: “Ишеними аз, эмнеге шектендиң?” — деди. Алар кайыкка түшкөндөн кийин, шамал басылып калды» (Мт. 14:30–32).
Ыйса бул бороон-чапкынды бир канча саат мурда эле басылтып кое алмак. Бирок анткен жок. Ал Өзүнүн шакирттери бир сабакты өздөштүрүп алышын каалады. Ыйса сиздин бороон-чапкыныңызды да мурда эле токтотуп кое алмак. Бирок андай кылган жок. Ал сиздин да ошондой сабакты өздөштүрүшүңүздү каалап жаткан жокпу? Бул сабак болжол менен: «биздин бороон-чапкынды токтотконго бийлигибиз жок, бирок өзүбүздүн коркунучтарыбыздын үстүнөн бийлигибиз бар» дегенди билдирбейби?
Кудай Өзүнүн дипломдорун бүт ааламга илип койгон. Көк желелер, күндүн батышы, горизонттор жана жылдыздар менен саймаланган асман мантиясы. Ал Өзүнүн аягына чыгарган жумуштарын Ыйык Жазууда көрсөтөт. Биз кайсы бир алты миң сааттык учуулар жөнүндө айтып жаткан жокпуз. Ал жасаган жумуштардын тизмесинде — Кызыл деңиздин суулары экиге бөлүнгөнү бар. Оозун ачпаган арстандар. Голиаттын кулашы. Лазардын тирилүүсү. Бийикке көтөрүлгөн жана токтотулган бороон-чапкындар.
Анын сабагы бизге ачык-айкын. Ал — бардык бороон чапкындын бийлөөчүсү. Сиз өзүңүздүн бороон-чапкыныңыздан коркуп жатасызбы? Анда Ага караңыз. Балким, бул сиздин биринчи учушуңуздур. Бирок Анын биринчи учушу эмес.
Сиздин Учкучуңуздун дагы чакырыла турган аты бар: бул Менмин, коркпогула.
7-БӨЛҮМ
МЕНИН ТЕКЧЕМДЕ АЖЫДААРЛАР БАР
…Анын тынчы кетип, жаны кыйнала баштады.
ОКУЯЛАРДЫН ӨНҮГҮШҮНҮН ЭҢ ЖАМАН СЦЕНАРИЙИНЕН БОЛГОН КОРКУНУЧ
Кийинки жолу спрут сизди океандын түбүнөн ороп-чырмап алганда, үмүтүңүз үзүлбөсүн. Кайраттуу кульбиттер сыяктуу дароо башмалдырык ата салыңыз. Эгерде сегиз бут сизди өтө катуу кысып албаса, сиз анын соргучтарынан болгону бир канча кадам таштоо менен кутулуп кете аласыз.
Суунун үстүнө сүзүп чыкканыңызда, акулага урунуп алышыңыз мүмкүн. Коркпоңуз — тепкилеңиз! Анын көзүн, бакалоорун аябай сабаңыз. Булар — анын денесиндеги эң сезимтал жерлер.
Ушундай эле нерсе бөтөн планеталыктардын каптап кирүүсүнө дагы тиешелүү. Сизди бөтөн планеталыктардын уурдап кетүүсүнө жол бербеңиз — ага өзүңүз барыңыз. Бирок өзүңүздүн ойлоруңузду кылдаттык менен көзөмөлдөңүз, анткени жердик эмес жандыктардын арасында телепаттар да болот.
Гориллалар ой-пикирди окуй алышпайт, бирок алар абдан кысып кучактап алышат. Мыкты жетилген ургаачысынын тиштеген тиши батып кетет. Сизде кутулуп чыгууга бир гана мүмкүнчүлүк бар — анын колуна бир уруп, ошо менен катар эле эриндеринен чоп эттире өөп коюш керек. Приматтар жийиркенгич келишет. Горилла сиздин аракеттериңизди спа-дарылоо катары кабыл алат деп үмүттөнүш керек.
А эгерде андай болбосо, андан бетер болушу да мүмкүн эле.
Сиз асмандан ачылбай калган парашют менен түшүп кетип, өйдө көтөрүлүп бара жаткан лифтте болуп калышыңыз, болот табытка тирүүлөй көмүлүшүңүз мүмкүн эле. Сиз окуяларынын өнүгүшү мындан да жаман болгон сценарийге дуушар болушуңуз мүмкүн болчу. Биздин баарыбызда ал жөнүндө — абдан үмүтсүз абалдар жөнүндө түшүнүктөрүбүз бар. Мына ошондуктан «Эң жаман учурларда тирүү калуунун толук справочниги»[21] деген китеп чоң ийгиликке жетишкен.
Бул китептин жардамы менен мен эми ашыкча фамилиярдуу горилланын жана кытмыр бөтөн планеталыктардын алдында өзүмдү кантип алып жүрүшүм керектигин билемин. Ошондой болсо да, алар менен кагылышуу мүмкүнчүлүгү ушунчалык аз болгондуктан, мен анын айынан уйкумду качырбаймын. Мени башка караңгы перспективалар тынчсыздандырат.
Алардын бирөөсү — алдан-күчтөн тайган карылык. Мен эми карыймын деген ойдун өзү мени анчалык деле тынчсыздандырбайт. Жаштыгымдан айрылгандан, чачымдын жана тишимдин түшүп калганынан өзгөчө коркунучтуу нерсени көрбөйм. Бирок карыганда акылдан алжып калганданчы? Өтө коркунучтуу! Альцгеймер оорусу менен күрөшкөн адистерге баруу ушунчалык жагымсыз. Ак чачтуу аксакалдар мейкиндикке бош көз караш менен карашат, алсыз акылы буйрук берген суроолорду беришет. Ушундай абалга түшкүм келбейт.
Үй-бүлөмдү каржылай албай калам деген коркунуч мени да аңдып жүрөт. Окуялардын эң жаман өнүгүшүнүн дагы бир вариантында менин аялым Деналин менден узагыраак жашайт, биздин топтогон каражаттарыбыз түгөнөт, анан ал кедей болуп, кайсы бир бейтааныштын айкөлдүгүнө бүтүндөй көз каранды болуп калат. Аялым мага мындай ойлорду алыс кууп салыш керек деген кеңештерин берет, бул жөн гана болбогон ой экенин айтат. Аткарганга караганда айтып коюш оңой деп жооп беремин мен.
Бул жашыруун коркунучтар… Булар Лох-Несс көлүнөн чакырылбай келген ажыдаарлар. Аткаруу мөөнөтү бүтүп бара жаткан ар күндүк прозаикалык убарачылыктар же суук тийип калбасын үчүн кам көрүүлөр эмес, а жакындап жылып келе жаткан, сөзсүз боло турган кайсы бир качып кутулгус коркунуч.
Сиз эң көп эмнеден коркосуз? Айталы, көпчүлүктүн алдында шылдың болууданбы же жумушсуз калууданбы, жөн гана бийиктиктен же караңгылыктанбы? Эч качан жакшы күйөөнү таба албоодонбу же эч качан айыкпай каламын деппи? Сизди алдап кетишеринен, таштап кетишеринен, унутуп калууларынанбы? Толугу менен акталган кооптонууларды жараткан реалдуу коркунучтар бар. Бирок эгерде аларды токтотпосо, алар маниакалдык метастазаларды жаратат. Акылдуулуктан кооптонууларга кеткен жол — кыска жана тайгалак. Акылдуулук коопсуздук кемерин өткөрүп алат. Паранойа бул коркунучтуу машиналарга таптакыр отурбайт. Акылдуулук байлыктарын карылыкка топтоп коет. Паранойа болбогон майда-чүйдөгө деле ач көздүк менен калтырайт. Акылдуулук даярданат жана пландаштырат. Паранойа дүрбөлөң салат. Акылдуулук тобокелчиликти баалап көрөт жана сууга чумкуп кирет. Паранойа бассейндин четине деле жолобойт.
«Чумкуу» жана «суу» деген сөздөр мен ушул бөлүмдү отелде отуруп, бассейндин жанында жазып жатканда акылыма келе калды (куйкалаган күндүн, муздак газдалган суунун жана ыңгайлуу шезлонганын жардамы менен кээде кандай чыгармачыл көтөрүлүүлөр болуп өтөөрү таң калыштуу). Кайсы бир эркек киши өзүнүн эки кичинекей кызы менен ойноп жаткан. Ал суунун ичинде турат, алар анын кучагына секирип жатышат. Кечиресиз, тактап кетейин: бирөөсү секирет, бирөөсү олку-солку болуп турат. Үстү кургак турганы сиңдисинин кантип секирип жатканын кубана карап турат. Ал секиргенде эжеси бийлегенсип буттарын тыбыратып, тегеренип жатты. Бирок атасынын бардык чакырууларына башын чайкап жооп берип, артка качып жатты.
Тирүү метафора! Канчалаган адамдар өзүнүн бүт өмүрүн бассейндин жээгинде өткөрүп жүрүшөт болду экен? Этият бол деген үнгө кулак салышып. Ишенимдин сөздөрүн четке кагышып. Сууга бир жолу да секирбестен. Башкалардын бакытына кубанышып. Бир жолу чечим чыгаргандан көрө, эч качан тобокелчиликке барбоону артык көрүшүп. Эң жаман нерседен корккондуктан, жашоосундагы эң жакшы нерсеге эч качан ээ болушпайт.
А тескерисинче, анын сиңдиси секирет. Акылсыз умтулуусунун айынан эмес, а атасынын кам көрүүсүнө ишенгендиктен, анын колунун күчүнө ишенгендиктен. Ыйсанын тандоосу ушундай болгон. Ыйса коркунуч жөнүндө айтып гана тим болгон эмес. Ал аны башынан өткөргөн.
Жакшы кабардагы драманын кульминациясы эки сцена аркылуу көрүнөт — Гетсемани багында жана Голгофадагы айкаш жыгачта. Жума күнкү айкаш жыгачка кадалуу бизге улуу кайгыны ачып берет. Бейшемби күнү Гетсемани багында улуу коркунуч көрүнөт. Зайтун дарактарынын арасында Ыйса «жүзтөмөндөп жыгылды да, мындай деп сыйына баштады: “Эгерде мүмкүн болсо, ушул саат Менден кыя өтүп кетсинчи”. Анан мындай деп сыйынды: “Ата! Сенин колуңдан келбеген нерсе жок. Бул чөйчөктү Менден кыя өткөрүп жиберчи. Бирок Мен каалагандай эмес, Сен каалагандай болсун”» (Мр. 14:35–36).
Бир жолу бир окурман мени телефонго, андан кийин — өз үйүнө сүйлөшүүгө чакырды, менден бул текстке болгон өзүмдүн комментарийлеримди жазып беришимди каалады. Ага менин Машайак жөнүндө — «Анын көздөрү чоң ачылып, коркунучтан селдейип калды» деп айтканым жакпай калыптыр[22]. Мен ага жемени менин дарегиме эмес, а жогорку инстанцияга айтышы керектигин айтып жооп бердим. Ыйсаны кубарган жана калтыраган кылып сүрөттөгөн адам — жакшы кабарчы Марк. Анын «тынчы кетип, жаны кыйнала баштады» (Мр. 14:33). «Тынчы кетип» деген этиш «алсыз жана жолунан адашкан, жакындап келе жаткан кайсы бир жамандык тынчын алган жана азапка салган адамга карата» колдонулат[23].
Матай Марктын айтканы менен макул. Ал «Анын көңүлү чөгүп, жаны кейип турду» (Мт. 26:37)[24] — деп айтат; англис тилиндеги башка котормолордо: Ал «кыйналаган жана кооптонгон»; «азап тарткан жана корккон» — деп жазылган.
Биз Машайакты эч качан мындай абалда көргөн эмеспиз. Галилей деңизиндеги бороон-чапкында да, мүрзөдөн чыгып келген жин оорулуулардын жанында да, Назареттеги тоонун чокусунда да. Биз эч качан Андан мындай онтоолорду уккан эмеспиз жана Анын көзүндөгү ушундай коркунучту көргөн эмеспиз. Ошондой эле, биз эч качан мындай нерсени окуган эмеспиз: «Өлүм алдындагы жан талашуунун айлампасына чөгүп бара жатты»[25] (Мр. 14:33). Бул олуттуу учур. Кудай дене болуп келген жана Дене чыныгы коркунучту сезип жаткан. Эмне үчүн? Ыйса эмнеден коркуп жатат?
Мунун чөйчөк менен кандайдыр бир байланышы бар. «Бул чөйчөк Менден кыя өтүп кетсинчи». Ыйык китептеги лексикада «чөйчөк» деген сөз «иче турган идиш» дегенге караганда чоңураак бир нерсени билдирет. «Чөйчөк» Кудайдын каарын, сотун жана жазасын билдирет. Кудай ишенимден баш тарткан Иерусалимге боору ооруганда, Ал минтип айткан: «…Мен сенин колуңдан мас кылуучу чөйчөктү, Менин каарыма толгон чөйчөктөгү ачыткыны алып жатам…» (Ыш. 51:22). Жеремия пайгамбар аркылуу Кудай бардык элдер Анын каарынын чөйчөгүнөн иче турганын жар салган: «…Менин колумдан Менин каарымдын шарабына толгон бул чөйчөктү алып, Мен сени кайсы элдерге жиберсем, ошол элдердин баарына андан ичир» (Жер. 25:15). Жакандын айтканы боюнча, ким Кудайдан баш тартса: «ал Кудайдын каарынын шарабын — Анын каары толтурулган чөйчөктөгү таза шарапты ичет. Ал ыйык периштелердин жана Козунун алдында отко жана күкүрткө күйүп кыйналат» (Аян. 14:10).
Чөйчөк Ыйса үчүн окуялардын өнүгүшүнүн эң жаманын билдирген: Өзүнө Кудайдын каарын кабыл алуу зарылдыгын. Ал эч качан Кудайдын каарына туш болгон эмес, ага татыктуу болгон эмес. Ал Атасы тарабынан эч качан мындай четке кагылууга дуушар болгон эмес — Алар түбөлүктүүлүктөн бери бир болушкан.
Ал эч качан физикалык өлүмдү башынан өткөргөн эмес — Ал өлбөс Инсан болчу. Бирок эми бир канча убакыттан кийин, Ыйса ушунун баарына дуушар болот. Кудай Өзүнүн күнөөгө болгон жек көрүүсүнүн баарын күнөөнү мойнуна алган Уулуна төгөт. Ыйса коркуп жатат. Өлүм алдындагы коркунучта турат. Ал ушул коркунучтардын баарын кантип ашып өткөнү бизге өз коркунучтарыбызды кантип ашып өтүшүбүз керектигин көрсөтөт.
Ал сыйынган. Ал Өзүнүн шакирттерине минтип айткан: «…Мен тигил жакка барып сыйынып келгиче, ушул жерде отура тургула» (Мт. 26:36). Бир жолку гана сыйынуу жетиштүү болмок эмес. «Анан четке чыгып, дагы сыйынды… <…> …Нарыраак барып, ошол эле сөздөрдү айтып, үчүнчү ирет сыйынды» (Мт. 26:42, 44). Атүгүл, Ал досторунан сыйынууда колдоп берүүлөрүн суранган. «…Сергек болгула жана сыйынгыла…» — деп чакырган Ал аларды (Мт. 26:41).
Ыйса Өзүнүн башкы коркунучуна чын жүрөктөн чыккан сыйынууну каршы койгон.
Келиңиз, бул суроону татаалдаштырбайлы. Анткени бул бизге таандык, туурабы? Биз сыйынуунун сөздөрүн, сыйына турган жерди, сыйынганда кие турган кийимди, сыйынуудагы позаны; анын узактыгын, интонациясын жана ритмин алдын ала жазып алабыз. Бирок Ыйсанын Гетсемани багындагы Кудайга болгон кайрылуусунда булардын бири дагы аны түйшүккө салган эмес. Ал кыска болгон (англис тилиндеги котормодо жыйырма алты сөз), тике айтылган («Бул чөйчөк Менден кыя өтүп кетсинчи»), ишенимге толгон («Бирок Мен каалагандай эмес, Сен каалагандай болсун»). Аз жана мааниси терең сөздөр. Ыйык жайдагы такыбаа чечен адам эмес, чынында, атасынын кучагындагы корккон бала.
Дал ушундай. Ыйсанын Гетсемани багындагы сыйынуусу — жаш баланын сыйынуусу. «Ата!» — деп сыйынып жатат Ал, Кудайга кадимкидей эле үй-бүлөдө кайрылгандай кайрылды, атасынын тизесинде отурган уул сыяктуу сыйынды.
Менин атам өзү машина айдап бара жатканда… анын тизесине отуруп алышыма уруксат берчү! Бүгүнкү күндө бул үчүн аны камап коюшмак. Бирок жарым кылым мурда бул эч кандай оор мыйзамсыз иш эмес болчу. Өзгөчө, жалпак сковородка сыяктуу батыш Техастын нефти талааларында, ал жерде адамдарга караганда коендор көп боло турган. Эгерде атасы компаниянын жүк ташыгычын айдап мунарадан мунарага бара жатканда, кичинекей Максты тизесине отургузуп алса, бул кимге тоскоолдук кылмак (кудуреттүү «Экскон» бизди кечирсин!)?
Мен муну абдан жакшы көрчүмүн. Бир аз боюм жетпеген прибор тосмосуна башымды киргизсем, кандайдыр бир мааниси барбы? Менин буттарым тормоздун педалы менен газдын педалына бир канча фут жетпей калса эмне? Мен радиоприемникти карбюратордон айырмалай алар белем? Албетте, жок. Мен атама жүк ташуучу машинесин айдаганда жардам бергенмин.
Ал мага маршруттун багытын ишенип ташырган күндөр деле болгон. Кесилиштерде ал минтип сурачу:
— Макс, биз солго бурулалыбы же оңго бурулалыбы?
Мен мойнумду созуп, рулдан башымды чыгарганга аракет кылып, алдыда эмне бар экенин көрүп, чечим чыгарганга аракет кылар элем.
Кудум «Гран-при Монте-Карлодогу» айдоочу сыяктанып, рулду кумардана буруп калчумун. Мен казылган аңга кирип кетүүдөн корккон жок белем? Чукул бурулушта көңтөрүлүп кетүүдөнчү? Дөңгөлөк менен чуңкурга батып калганданчы? Албетте, жок! Атамдын колдору менин колумдун үстүндө турган, анын көздөрү менин көзүмдөн бетер алды жакты тигиле тиктеп бара жаткан. Албетте, мен эр жүрөк болчумун! Атасынын тизесине отуруп бара жатканда, ким болбосун жүк ташыгычты айдай алат.
Мындай абалда отурганда ар ким сыйына алат.
Сыйынуу — демек Кудайдын тизесинде жайбаракат отуруу, колуңду Анын рулуна коюу. Ал ылдамдыкты, ири бурулуштарды көзөмөлдөйт, айдоонун коопсуздугун камсыз кылат. А биз өзүбүздүн суранычтарыбызды билдиребиз. Биз Кудайдан: «Бул чөйчөк Менден кыя өтүп кетсинчи» — деп сурайбыз. Оорулардын, чыккынчылыктын, жакырчылыктын, жумушсуздуктун, конфликттердин жана карылыктын чөйчөгүн кыя өткөрүп жиберсе экен дейбиз. Бул сыйынуу ушунчалык жөнөкөй. Бул жөнөкөй сыйынуу Ыйсага эң терең коркунучту жеңип чыгууга жардам берген.
Сиз да өзүңүздү ушундай алып жүрүңүз. Өзүңүздүн ажыдаарларыңыз менен Гетсемани багында салгылашыңыз. Булар сиздин жүрөгүңүздөгү өжөр, түрү суук душмандар — алар жөнүндө Кудай менен сүйлөшүңүз.
Өзүңүздүн коркунучтарыңыз тууралуу конкреттүү айтыңыз. «Ошол чөйчөк» эмне экенин тактаңыз жана ал жөнүндө Кудайга айтып бериңиз. Өзүңүздүн кооптонууларыңызды сөз менен билдирип жатып, сиз алардын беделин түшүрүп саласыз. Алар бүтүндөй ачылганда, болбогон нерсе экени көрүнүп калат.
Ян Мартель муну өзүнүн «Пайдын жашоосу» деген романында сүрөттөп кеткен. Башкы каарман Пай буркан-шаркан түшкөн океанда (салмагы эки центнерден ашуун) бенгал жолборсу менен бир кемеде калып калат. Пай бул кырсыкка, атасы, зоопарктын ээси, жакырданып кетип, үй-бүлөсүн Канаданы көздөй багыт алган япондук кемеге салып жибергенден кийин дуушар болгон. Кеме чөгүп кетет, ошондо Пай жолборс менен (Ричард Паркер деген жасалма аты бар) океандын ортосунда жалгыз калышат. Куткаруучу кайыкта отурган Пай деңиз кырсыгынын жана жолборстун алдындагы өзүнүн коркунучун анализдей баштайт.
Сиздерге коркунуч жөнүндө бир нерсени айтып коюшум керек. Ал — жашоонун жападан-жалгыз каршылашы. Коркунуч гана жашоону жеңип алышы мүмкүн. Ошондой эле, ал, менин көзүм жеткендей, — амалдуу жана жаман ойлуу. Анда жакшылыктын бир да тамчысы жок, кайсы бир мыйзамдарга жана келишимдерге карата бир грамм да сый-урматы жок. Ал боор ооруганды билбейт. Ал сенин эң алсыз жериңди издейт жана аны эч катасыз табат. Ал дайыма сенин башыңда башталат. Сенин тынчтыгың, өзүңдү-өзүң башкарууң, сенин бейпилчилигиң азыр гана сени менен болчу. Анан кокусунан эле, сылык шектенүүлөрдүн кийимин кийинип алган коркунуч шпион сыяктуу сенин акылыңа кирип алат. Алардын жоромолундагы шектенүүлөр ишенбестик менен кагылышат да, ишенбестик аларды ошол жерден кууп чыкканга аракет кылат. Бирок ишенбестик — болгону алсыз куралданган жөө аскер. Шектенүүлөр аны эч кыйынчылыксыз эле жеңип коет. Тынчсыздана баштайсың. Анан сени куткарууга акыл-эс келет. Бул сага бир топ дем берет. Акыл-эс эң заманбап техникалар менен куралданган. Бирок баары бир стратегиядагы артыкчылыктарга жана талашсыз жеңиштердин көптүгүнө карабастан, акыл-эс жеңилип калганына айран-таң каласың. Өзүңдү алсыз, калтыраган бирдеме катары сезесиң. Сенин чочулооң дүрбөлөң салган коркунучка айланат…
Абдан тез убакыт ичинде алды-артын ойлобогон чечимди кабыл аласың. Өзүңдүн эң акыркы союздаштарыңдан — үмүттөн жана ишенимден баш тартасың. Мына, ошентип, сен өзүңө кыйратуучу соккуну урдуң. Болгону таасир берип турган коркунуч сенин үстүңдөн салтанат курду[26].
Пай коркунучту акыл-эс менен эпке келтирүүгө болбой турганын түшүнөт. Логика коркунучту десанттык плацдармадан таштабайт жана качууга аргасыз кылбайт. Деги эмне жардам берет? Бул рингдеги жеңилүүдөн кантип сүргүнү алсыздана ыргытып жиберип, качып кутулууга болот? Пай мындай кеңеш берет:
Аны бир калыпка салыш үчүн күч жумшап күрөшүш керек. Аны сөздүн жарыгы менен жарык кылыш үчүн күч жумшап күрөшүш керек. Анткени эгерде сен ушундай кылбасаң, эгерде сенин коркунучуң артка кетенчиктеген тилсиз караңгылык болуп калса, анын бар экенин унутуп коюш үчүн куулук кылып жаткан болсоң деле, анын кийинки күрөшү алдында өзүңдү алсыздандырып жатасың, анткени сен сени жеңип жаткан душман менен салгылашкан жоксуң[27].
Биздин милдетибиз — көшөгөнү көтөрө коюп, коркунучтарыбыздын ар биринин бетин ачып салуу. Вампирлерге окшоп, алар күндүн жарыгына чыдай алышпайт. Акчанын айынан болгон коркунуч, жакындарыңыз менен болгон өз ара мамиледен болгон коркунуч, жумуштагы кыйынчылыктарыңыздын айынан болгон коркунуч, корголбогондугуңуздун айынан болгон коркунуч — сыйынууда алардын баарын атынан айтып чыгыңыз. Аларды акылдын колу менен жакасынан алыңыз да, сыртка сүйрөп чыгып, тиешелүүсүн алышы үчүн Кудайдын алдына коюңуз!
Ыйса Өзүнүн коркунучтарын жашырган эмес. Ал «катуу үн менен сыйынды, көз жаш менен жалбарды. Кудайды урматтагандыгы үчүн, Анын сыйынуусу угулду» (Эвр. 5:7). Ал айланасындагылар уксун үчүн жана эстеринде сактап калсын үчүн, катуу үн менен сыйынды, а Өзүнүн досторун болсо Аны менен бирге сыйынууга чакырды.
Анын Гетсемани багындагы сыйынуусу машайакчылар үчүн учурдагы жыйындын прообразы болуп калды — ал жерде коркунучтар сөз менен айтылат, элге таратылат, бети ачылат жана жокко чыгарылат, аң-сезимге кирип алган «тилсиз караңыгылыктын» коркунучтарынан куткарылат. Дени сак машайактык коом — биздин коркунучтарыбыз өлө турган жер. Биз аны Ыйык Жазуунун, салтанаттуу забурлардын жана ыйдын жардамы менен жеңип чыгабыз. Биз аны тобо кылуунун күндүү жарыгында тебелеп-тепсеп салабыз. Аларды Кудайга табынуунун шаркыратмасында жок кылабыз, көзүбүздү өзүбүздүн коркунучтарыбызга эмес, Ага бурабыз.
Кийинки жолу эң жаман абалга дуушар болгонуңузда, дал ушундай кылыңыз. Өзүңүздүн коркунучтарыңызды Кудайга умтулган адамдардын чөйрөсүндө сөз менен билдириңиз. Бул маанилүү кадам. Өзүңүздүн Петирлериңизди, Жакыптарыңызды жана Жакандарыңызды табыңыз (сиздикилер ошончолук тез уктап калышпайт деп үмүт кылууга болот). Төмөнкү нерсе абдан маанилүү (жана абдан жакшы): сиз өзүңүздүн коркунучтарыңыз менен жалгыздыкта жашаганга милдеттүү эмессиз.
Андан сырткары, эгерде сиздин коркунучтарыңыз — болгону шайтандын айла-амалы болсочу? Тозоктун каардуу тамашасы болсочу?
Менин бир таанышым бар, аны салык кызматынан келген кат көпкө чейин коркутуп жүргөн. Салыкчылардын эсеби боюнча, ал кандайдыр бир ири суммада карыз болуп калыптыр, аны төлөгөнгө алы жетпейт болчу. Салыкчылар ага такташтыргандан кийин кат жөнөтүшөрүн айтып кетишкен. Кат келгенде кайраттуулук менин досумду биротоло таштап кетет. Ал катты ачып окуганга өзүн мажбурлай албай коет, ошентип, ал беш күн бою столдун үстүндө анын үрөйүн учуруп жата берет. Ал катта кандай сумма көрсөтүлгөн? Аны канча мөөнөт ичинде түрмөгө камап коюшат болду экен? Акыры, ал конвертти ачканга кайратын топтоду. Ошол конверттин ичинде төлөй турган эсеп эмес, накталай төлөмгө жазылган чек бар экен. Көрсө, салык кызматы ага карыздар болуп калыптыр! Ал өзүнүн беш күнүн маанисиз коркунучка коротту. «Коркконго кош көрүнөт» болуп, биз болбогон нерселерден деле коркуп алабыз.
Бизде, Кудайга ишенгендерде, олуттуу артыкчылыгыбыз бар. Биз жыйынтыгында баары жакшылыкка айланарын билебиз. Машайак Өзүнүн тактысын таштап кетпейт жана Рим. 8:28-аят Ыйык Китептен жоголуп кетпейт. Биздин көйгөйлөрүбүз дайыма Кудай үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет. Жусупту жок кылуу аракети анын үй-бүлөсүнүн куткарылышына алып келген. Даниелдин душмандарынын издөөсү ага мамлекеттин башчысы иретиндеги жогорку кызмат орунду алып келген. Машайак бул дүйнөгө аномалдуу кош бойлуулук аркылуу келген жана Өзүнүн адилетсиз өлтүрүлүүсү аркылуу дүйнөнү сактап калган. Ыйык Китеп окуткан нерсеге ишенүүгө биздин кайратыбыз жетеби? Эч бир бактысыздык акыр-аягында акталбай калбасына ишенебизби?
Жакан Златоуст ишенген. Ал б. з. 398–404-жылдары Константинополдо епископ болгон. Ал байлыктын жана бийликтин бетин ачуудагы өзүнүн чечен тилдүү талантынын жардамы менен, өзүнө көптөгөн таламын талашкан адамдарды чогулткан. Мал-мүлктүүлөр тарабынан эки жолу сүргүнгө айдалган бул адам бир жолу мындай суроону берген:«…эмнеден коркмок элем? Өлүмдөнбү? Бирок сен билесиң, Машайак — менин өмүрүм, өлсөм ошол өмүргө ээ боломун. Сүргүндөнбү? Бирок жер жана аны толтуруп турган нерсенин баары — Теңирдики. Байлыгымдан кол жууп калганданбы? Бирок биз бул дүйнөгө эч нерсеси жок келип, эч нерсеси жок кетебиз. Ошондуктан бул дүйнөнүн коркунучтарынын баары менин көз алдымда жек көрүндү; а дүйнөлүк жыргалчылыктардын баары мага күлкүлүү. Мен жакырчылыктан коркпоймун, байлыкты болсо издебеймин. Өлүмдөн болсо качпаймын»[28].
Элчи Пабыл бул саптарды колдоп-кубаттамак. Өзүнүн акыркы сөздөрүн ал рим түрмөсүндө, кишенге байланган, жанында сакчысы кошо турган кезде — өзүнүн баш кесеринин кадамдарын угуп жатканда жазган. Мындан да жаманы болушу мүмкүнбү? Пабылдын ою боюнча, жок — «Теңир мени ар кандай жамандыктан куткарып, Өзүнүн Асмандагы Падышачылыгы үчүн сактайт. Ал түбөлүккө даңктала берсин! Оомийин» (2 Тим. 4:18).
Пабыл Өзүнүн Атасына таянууну чечкен.
Айтмакчы, бассейндин жанындагы ошол кыз дагы атасына таянууну чечкенин билдирип коюшум керек. Атасынын көпкө созулган көндүрүүлөрүнөн жана сиңдисинин кам көрүүчү насааттарынан кийин, ал мурдун колу менен жаап, сууга секирди. Андан кийин ондон кем эмес жолу секирди. Кудайга даңк, дагы бир коркунуч балалык ишенимдин курмандыгы болуп кулады.
8-БӨЛҮМ
БУЛ КААРДУУ ПЛАНЕТА
…Денени өлтүрүп, бирок жанды өлтүрө албагандардан коркпогула…
ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУН АЛДЫНДА БОЛГОН КОРКУНУЧ
Тарыхтагы улуу гольф оюнчусу эртең мененки тамакка отурду, бул анын акыркы тамактануусу экенинен таптакыр кабары жок эле. Байрон Нельсон бул түнү акыркы күндөрдүн баарына караганда жакшы уктады. Ал жуунуп-таранды, сакалын алды жана аялы Пегги ага эртең мененки менюну: сосискалар, крекерлер жана жумуртканы кабарлаганда кубанып койду.
Ал токсон төрт жашта болчу жана анын рекорддук серияларынан — катары менен он бир турнирди жеңип алганынан бери алтымыш бир жыл өттү. Тайгер Вудс алты турнирди биринин артынан бирин жеңип алган. Арнольд Палмер Сэм Снид, Бен Хоган жана башка бир аздары сыяктуу, үч жолу катары менен жеңип алган. Бирок Нельсондун он бир жеңиштен турган рекорддук сериялары кудум эле буудай талаасындагы ири эмен сыяктуу көкөлөп турат. Бир жылдан кийин ал спорттон кеткен, Техас штатынын Форт-Уэрт шаарынын жанынан ранчо сатып алган да, Кудай аны 2006-жылдын 26-сентябрында Өзүнө чакырып алганга чейин ошол жерде бейпил өмүр сүргөн.
Идишти жуугандан кийин, ал сүйүктүү машайактык радиостанцияны угуш үчүн отурду. Пегги жыйынга Ыйык Китепти үйрөнүү боюнча сабакка кеткен болчу («Мен сени менен ушунчалык сыймыктанамын» — деп ал аялына дайыма айтчу). Бир канча сааттан кийин кайтып келип, ал күйөөсүн полдо жаткан жеринен табат. Азаптардан жана оорулардан бир да белги жок. Анын боорукер жүрөгү жөн гана токтоп калган эле[29].
Россияда 1950-жылдардын башында анын атуулдарын камакка алуу үчүн эч кандай өзгөчө шылтоонун кереги жок болчу. Кимдир бирөө Сталиндин саясатынын акылмандыгынан шектенип кое турган болсо, же коммунисттердин кысым көрсөтүүчү таасирлерине каршы пикирин билдире турган болсо, ошол адам тез убакыт ичинде ал советтик лагерлердин биринин тикендүү зымдарынын артына кетмек. Борис Корнфельд ушундай болгон. Бизде анын кылмыштары жөнүндө маалымат жок, болгону анын жашоосунун майда-чүйдө окуялары белгилүү. Ал дарыгерликке окуган, бир машайакчы менен достошуп калган эврей болчу.
Көптөгөн бош убактылары болгондуктан алар узакка созулган кызуу талаш-тартыштарды жүргүзүшкөн. Корнфельд Эски Осуятта убада кылынган Мессия менен Жаңы Осуяттагы Назереттен чыккан Ыйсанын байланышын көрө баштаган. Ыйсага кайрылуусу анын жүйүт элинин руханий мурасына маани-мазмуну менен карама-каршы келген, бирок акыр-аягында ал бул жыйынтыкка келген.
Бул анын өмүрүнө тете болгон.
Ал сакчынын өлүп бара жаткан бирөөнүн бир кесим нанын уурдап алганын көрүп калат. Ишенимге кайрылганга чейинки убакта болгондо, Корнфельд жасалган кылмыш тууралуу эч качан айтмак эмес. Бирок азыр муну кылганга анын абийири тынчтык бербейт. Башка сакчылар аны менен эсептеше турганы мезгилдин гана маселеси болуп кала берген[30].
Корнфельд ушундай коркунучка туш болгон кезде да, жан дүйнөсүндөгү тынчтыкты сактап калган. Ал өмүрүндө биринчи жолу өлүмдөн жана өлүмдөн кийинки жашоодон корккон эмес. Анын жападан-жалгыз каалоосу өмүр менен кош айтышардын алдында өзүнүн ачылыштары жөнүндө кимдир бирөөгө айтып берүү болгон.
Мындай мүмкүнчүлүк пайда болду — рак менен ооруган, ич көңдөйүнө операция жасалгандан кийин айыгып кеткен өзү сыяктуу туткунга айтып берет. Аны менен бош бөлмөдө жекеме-жеке калган Корнфельд өзүнүн окуясын тырышчаактык менен айтып берген. Ал жан дүйнөсүндөгүнүн баарын төктү. Жаш адам абдан таасирленди, бирок анестезиядан кийин абдан алсыз болуп калгандыктан, үргүлөп уктай баштады. Ойгонгондо, ал кечээги маектешин көргүсү келди. Бирок кеч болуп калган эле. Эртең менен кимдир бирөө дарыгердин башына штукатуранын балкасы менен сегиз жолу согуп кеткен эле. Кесиптештери анын өмүрүн сактап калууга аракет жасашты, бирок колдорунан келген жок[31].
Байрон Нельсон менен Борис Корнфельдди алардын ишеними бириктирип турат. Алардын экөө тең өздөрүнүн табынуусунда бир эле аскага таянышкан, көздөрүн бир эле асманга бурушкан, бир Куткаруучуга ишенишкен. Бирок алардын бири бейишке тынчтык жол менен кеткен, экинчиси болсо — каардуулуктун бурганагында.
Эгерде менде тандоо мүмкүнчүлүгү болгондо, Нельсондун тагдырын тандап алмакмын.
Балким, Эврейлерге жазылган каттагы ишенимдин аты аталбаган ыйыктарды эске алсак. Алардын окуясы биздин алдыбызда болуп өткөн патриархтардын процессиясынан кийинки абзацта берилген. Алар жалпыга белгилүү болгон аттардан, «азыркыга чейин сүйлөп жаткан» Абылдан (Эвр. 11:4), «өлүмдү көрбөгөн» Энохтон (Эвр. 11:5), «адилеттиктин мурасчысы болгон» Нухтан (Эвр. 11:7), тукуму «деңиз кумундай көп тараган» Ыбрайым менен Саарадан (Эвр. 11:12) кийин жазылган.
Каттын окурманы ушул жерге чейин келип, анан жыйынтыгын чыгара алат. Кудай адилеттүү бейпил жашоого жана кылдаттык менен сакталган мураска сыйлык берет. Туура жаша. Тынч жаша жана тынчтыкта көз жум. Ушундайбы? Бирок кийин, Эвр. 11:35–37-аяттарда иш каардуу бурулушка өтөт: «…кээ бирөөлөрдү кыйнашканда, эң жакшы тирилүүгө жетүү үчүн, эркиндикке чыгуудан баш тартышкан. Кээ бирөөлөр кордук көрүшкөн, таяк жешкен, кишенделишкен, түрмөгө камалышкан.Кээ бирөөлөрдү ишенгендиги үчүн таш бараңга алышкан, араалашкан, кыйнашкан, кылычтап өлтүрүшкөн; кээ бирөөлөр кой-эчкинин терисин жамынып, тентип күн өткөрүшкөн, жокчулуктун каарын тартышкан, кысымга алынышкан, азап тартышкан…»
Биз үмүт кылганыбызга карабастан, жакшы адамдар зордук-зомбулуктан арылтылган эмес. Киши өлтүргүчтөр адилеттүүлөрдү жолуктурганда аларды аяшпайт. Алар өздөрүнүн курмандыгынын руханий резюмесин карашпайт. Зөөкүр адамдар жана мыйзамсыз адамдар турак-жайы бейиште болгон адамдарды тынч коюшпайт. Биз элден бөлүнүп жашабайбыз. Бирок биз коркпойбуз дагы. Ыйса бул каардуу дүйнө жөнүндө бир канча сөз айткан: «…Денени өлтүрүп, бирок жанды өлтүрө албагандардан коркпогула… » (Мт. 10:28).
Шакирттерге ушундай колдоо керек болгон. Ыйса бир аз убакыт мурда Өзүнүн шакирттерине аларды өлүм жазасы, соттор, өлүм, жек көрүү жана куугунтуктар күтүп жатканын айткан (Мт. 10:17–23-аяттарды караңыз). Машыктыруучу команданын рухун көтөрүш үчүн кийинүүчү жайда айткан сөздөргө өтө деле окшош эмес. Шакирттердин эч кимиси калтырап-титиреген эмес. Балким, алардагы Ыйса мүрзөдө өткөргөн «машыгуу» жөнүндө эскерүүлөр жаңы болгондуктан уламдыр. Ошондон бир аз убакыт мурда Ыйса шакирттери менен бирге «көлдүн наркы өйүзүндөгү Гадара аймагына келгенде, Аны мүрзөлүк үңкүрлөрдүн ичинен жин оорулуу эки адам тосуп чыкты. Алар аябай жаалдуу болгондуктан, бул жолдон эч ким өтө алчу эмес. Анан алар: «Кудайдын Уулу, бизде эмне ишиң бар? Сен бизди белгиленген убакыт келе электе эле кыйнаганы келдиңби?» — деп кыйкыра башташты» (Мт. 8:28–29). Эң драматикалуу жана шашылыш түрдөгү жоопту Кудайдын ушундай жиндер — сансыз, көзгө көрүнбөгөн, жынысы жок, каардуу жаман рухтар бар жерде болуусу пайда кылат. Бул эки адам — ичине жин кирген адамдар, анын жыйынтыгында «абдан жаалдуу» болуп калышкан. Адамдар буларга туш болуп калбаш үчүн, бул мүрзөлөрдү алыстан айланып өтүшчү.
Бирок Ыйса эмес. Ал кожоюн катары келген. Шашылып калган жиндер Ыйсаны бул жерден, шайтандын түнөгүнөн, бутпарастар өздөрүнүн чочкосун багып жүргөн жерден, көрүүнү таптакыр күтүшкөн эмес. Жүйүттөр мындай жерден качып өтүшчү. Бирок Ыйса эмес.
Жиндер менен Ыйса өз ара түшүнүккө муктаж болушкан эмес. Алар Ыйсага туш болушкан жана мелдеш-реваншты талап кылышкан эмес. Атүгүл, алар салгылашууга деле киришпейт. «Сен бизди белгиленген убакыт келе электе эле кыйнаганы келдиңби?» (Мт. 8:29). Убадасынан танышты. Көңүлдөрү чөктү. Алар эмне дегиси келип жатат? «Акырында Сен биздин үстүбүздөн жеңип чыгасың, бирок ошол убакыт келгенге чейин бизди сөзсүз түрдө артыбыздан ушунчалык каардуулук менен түшүп алышың керек беле?» Алар жиби жок марионеткалар сыяктуу жумшара түшүштү. Алардын өтүнүчү боор ооруй тургандай угулат: «…бизди чочколорго жиберчи» (Мт. 8:31).
Ыйса макул болду. «…Баргыла», — деп Ал аларды кууп жиберди. Эч кандай кыйкырыксыз, дубалоосуз, ритуалдык бийсиз, магиялык чылымсыз жана башка экзорцизмсиз. Кыска айтылган бир сөз. Өз сөзү менен ааламды кармап Турган жиндерди кууп чыгыш үчүн кандайдыр бир чоң нерсеге муктаж болбойт.
Жакшылык менен жамандыктын күрөшү эсептелүү секундаларга созулат. Машайак бул — от, а жиндер — кемедеги чычкандар. Алар биринчи жарк этүүдө эле, борттон ашып түшүп качып кетишет.
Ушул негизги капиталдан Ыйса бизге кайраттуулукка чек жазып берет: «…Денени өлтүрүп, бирок жанды өлтүрө албагандардан коркпогула…» (Мт. 10:28). Сиз Кудайдын чебинин гарнизонтунда турасыз. «Бизди Машайактын сүйүүсүнөн ким ажырата алат? Кайгыбы, кысымчылыкпы, куугунтукпу, ачкачылыкпы, жылаңачтыкпы, коркунучпу, кылычпы? <…> … Кудайдын Теңирибиз Машайак Ыйса аркылуу көрсөткөн сүйүүсүнөн бизди өлүм да, өмүр да, периштелер да, жогоркулар да, күчтөр да, азыркы учур да, келечек да, бийиктик да, тереңдик да, жаратылган эч бир нерсе ажырата албастыгына толук ишенемин» (Рим. 8:35, 39).
Баатырдык милициянын коопсуздук чараларын күчөтүүдөн улам пайда болбойт, а руханий жеткилеңдиктин өсүшүнөн пайда болот. Бул жерде Мартин Лютер Кинг үлгү боло алат. Ал өз тандоосун жасаган — ага жамандык кылууну каалагандардан коркпоону. 1968-жылы үчүнчү апрелде жерге конгону жаткан учактын ичинде өзүнүн бир канча саатын коркунучтуу күтүүдө өткөргөн — ал теракт коркунучу эле. Ошол күнү кечинде ал Мемфисте чарчоону, ачкалыкты башынан өткөргөн, бирок коркунучту эмес.
«Бизди кыйын убакыттар күтүп турат, — деп айткан ал өз сөзүндө. — Бирок азыр бул мен үчүн мааниге ээ эмес. Анткени мен — бийиктиктемин. Ошондой эле даярмын. Башка ар бир адам сыяктуу эле, мен да узак жашагым келет. Узак өмүр сүрүү — бул ырахат. Бирок азыр мени тынчсыздандырып жаткан нерсе бул эмес. Мен жөн гана Кудайдын эркин аткаргым келет. Ал менин бийиктикке көтөрүлүшүмө уруксат берди. Мен ал жерден алысты көрүп турамын. Убадаланган жерди көрүп турамын. Азыр мен бактылуумун. Мени эч нерсе тынчсыздандырып жаткан жок. Мен эч кимден коркпоймун. Менин көздөрүм келе жаткан Теңирдин даңкын көрдү»[33].
Бир суткадан аз убакыттан кийин ал өлөт. Бирок ага жамандык каалаган адамдар өз максатына жетишкен жок. Алар андан өмүр демин тартып алышты, бирок анын жанын эмес.
1994-жылы Руандада Филип Гуревич өзүнүн сыйлыктарга татыган геноцид жөнүндөгү китебинде тутси уруусунан чыккан, өлүмгө дуушар болгон Томас жөнүндө айтат. Томас — хуту уруусундагы чоң жазы бычак менен куралданган киши өлтүргүчтөрдөн кутулуп чыккан аз эмес адамдардын бири.
Томас мага бойскауттарда «коркунучту көрүп, аны изилдеп үйрөнүп, бирок коркпогонду» үйрөнгөнүн айтып берди, анын хуту менен болгон бардык коркунучтуу жолугушуулары бир эле схемада болгону мени таң калтырды: ага жумушка кайтууну буйрук беришкенде, анын артынан аскерлер келгенде, аны тротуарга отурууну буйрук беришти, Томас дайыма баш ийүүдөн мурда алгач каршы чыкчу. Киши өлтүргүчтөр өзүнүн курмандыктарынын көзүнөн коркунучту көрүп көнүп калышкан, а Томас дайыма өзүн анын жашоосуна коркунуч киргизүү жаңылыштыктан улам гана пайда болушу мүмкүн экендей көрсөтчү[34].
Эгерде сиз өзүңүз алдын ала курмандык болуп бербеген болсоңуз, каардуу адамдарда сизге зыян келтирүү мүмкүнчүлүгү азыраак болот. «Адамдардан коркуу тузак коет, ал эми Теңирден үмүттөнгөн адам коопсуз болот» (Накыл. 29:25). Эстеп көрөлү: «…Анткени Ал Өз периштелерине сени бардык жолдоруңда коргоп жүрүүнү буйруйт…» (Заб. 90:11). «…Ал менин чебим…» (Заб. 61:7), «баш паанегим» (Заб. 31:7), «менин калканым» (2 Шем. 22:3). «Теңир мени менен, мен коркпойм: адам мага эмне кыла алат?» (Заб. 117:6). Шайтан Анын жанынан кыя өтпөй туруп, сизге жакындай албайт.
Эгерде шайтан баары бир бизге жетип келсе, анда ошондой учурда биз эмне кылышыбыз керек? Биз Эвр. 11- бөлүмдөгү же Борис Корнфелддин трагедиялуу өлүмүндөгүдөй зордук-зомбулуктун азаптарын кантип кабыл алышыбыз керек? Же эң болбоду дегенде, биз Ыйсанын тарткан азаптарын кантип түшүнүшүбүз керек? Кишендер. Камчылар. Тикенек таажы. Мыктар. Анын жашоосунун акыркы көз ирмемдери ушулар менен мүнөздөлөт. Сиз Анын жонуна камчынын кантип тийип жатканын, тарамышы сөөккө чейин тилинип жатканын угуп жатасызбы? Отуз тогуз жолу чабылган камчы алгач абаны жарып өтүп, андан кийин денени тыткылап салды. Ыйса колдору менен устунду мыжыга кармайт, каардуулуктун толкунунун астында онтойт, алар биринин артынан бири каптап жатты. Римдик аскерлер анын башына тикенек таажы кийгизишет, Анын бетине чапкылашат, Ага түкүрүшөт. Анын желкесине айкаш жыгачты артып коюшуп, кадай турган тоого чейин көтөрүп барганга мажбурлашат. Кудум, өлүмгө өкүм кылынган адам гильотинанын бычагын өзү курчуткандай, өзүнүн сыйыртмагын өзү байлап, өзүнүн электрдик столунун өткөргүчүн өзү токко сайгандай. Ыйса желкесинде Өзүнүн өлүмүнүн куралын көтөрүп бара жатат. Айкаш жыгачты.
Цицерон айкаш жыгачка кадалууну «эң каардуу жана эң жийиркеничтүү өлүм» деп атайт[35]. Жакшы тарбияланган римдиктердин арасында «айкаш жыгач» деген сөздүн өзү эле адепсиз, светтик темада жол берилбеген сөз болуп эсептелчү. Римдик аскерлер чыккынчылыктан башка кандай күнөө кылбасын, айкаш жыгачка кадалчу эмес. Бул түрү суук, каардуу, мерез жана басынткан өлүм болгон. Ыйса дал ушундай өлүмдү тандап алган. Ал «өлгөнгө чейин, айкаш жыгачта өлгөнгө чейин тил алчаак болуп, Өзүн басынтты» (Флп. 2:8)!
Мындан тынчыраак өлүм деле жетиштүү болмок. Анын канынын бир эле тамчысы адамзатты кун төлөп куткарып алууга жетмек. Дем алуу жана жүрөктүн кагышы токтогондон кийин деле кан төгүүгө болот, бирок муну тезирээк кылыш керек. Жүрөккө кылычты сайып. Канжар менен кекиртекти кесип жиберип. Эмне, күнөөдөн куткарыш үчүн алты саатка созулган катуу кыйноо талап кылынабы?
Жок, Анын азаптардын үстүнөн салтанат курушу үчүн мына ушундай өлүм керек болгон. Ыйса бир жолу жана түбөлүккө зордук-зомбулуктун үстүнөн болгон Өзүнүн бийлигин орноткон. Жамандыктын өзүнүн кульминациялык көз ирмеми болушу мүмкүн, бирок алар кыска эле болот. Шайтан Кудайдын Уулунун ар бир нервин аябай кыйнап, ойго келген азаптын баарын бериш үчүн, Ага өзүнүн эң жүзү кара жан жөкөрлөрүн жөнөткөн. Бирок баары бир өлүмдүн төрөсү өмүрдүн Теңирин жок кыла алмак эмес. Бейиште болгон жакшы нерсени, тозокто болгон эң жаман нерсени алат да, аны үмүткө айландырат.
Мен Кудайга сизди мындай жамандыктан алыс кылсын деп сыйынамын. Ал сизге узун өмүр жана Байрон Нельсондукундай тынч өлүм берсин. Бирок эгерде андай болбосо, эгерде сизге «Машайакка ишенүү гана эмес, Ал үчүн азап чегүү артыкчылыгы да берилген» (Флп. 1:29) болсо, анда эсиңизде болсун, Кудайдын эч бир азабы текке кеткен эмес.
Ишеними үчүн жырткычтык менен өлтүрүлгөн орус дарыгери Борис Корнфельд тууралуу ой жүгүртөлү. Дарыгер өлгөнү менен анын машайакчылык күбөлөндүрүүсү жашап жатат. Ал ошондо маектешкен пациент анын сөздөрүн өмүр бою жүрөгүнө сактап алган.
Ошол жерде, лагердик оорукананын тынч палатасында, пациенттин керебетинде отурган дарыгерден боор оору жана тынчтык чыгып турат. Дарыгер Корнфельд өзүнүн машайактык ишенимге кайрылганын берилүү менен айтып жатат, анын сөздөрү ишенимге сиңирилген сөздөр болчу. Оорулуу бирде ысып, бирде калтырап кетип жатса дагы, анын акылы Корнфельддин айткан сөздөрүнүн үстүнөн ой жүгүртө ала тургандай абалда болчу. Кийинчерээк ал дарыгердин үнүнөн «мистикалык билимди» сезгенин жазган.
Бул «мистикалык билим» жаш адамды өзгөрткөн. Ал Корнфельд айткан Машайакка ишенип калган жана кийинчерээк муну өзүнүн ырларында кубанычтуу сөздөр менен билдирген:
Ааламдын Кудайы! Мен кайрадан ишенип калдым![36]
Пациент лагерде тирүү калып, өзүнүн түрмөдө жатканда башынан өткөргөн тажрыйбаларын жаза баштаган, ГУЛАГдын коркунучтарын жылаңачтаган. «Иван Денисовичтин бир күнү», «ГУЛАГ архипелагы», «Жалган менен жашабоо» деген китептеринде биринин артынан биринин бетин ачкан. Советтик коммунизмдин кыйрашын өзүнүн чыгармалары менен бир жагынан байланыштырат. Бирок эгерде Корнфельддин тарткан азаптары болбогондо, жаш адамды — Александр Солженицынды ишенимге алып келген жарык жөнүндө эч качан билмек эмеспиз.
Адам кылган жамандыкты Кудай кайра-кайра жакшылыкка айландырат.
9-БӨЛҮМ
ОЮНЧУК АКЧАЛАР
Кичинекей үйүр, коркпо! Анткени Атаңар силерге Падышачылыкты бергиси келет.
КИРИП КЕЛЕ ЖАТКАН КЫШТАН БОЛГОН КОРКУНУЧ
«Монополия» оюнунун чемпиону сиздин кабинетиңизде отурат. Кумар тактайчасынын Майкл Фелпси[37], пляж жолунун Пелеси. Ар күнү эртеден кечке чейин ал баскетбол соккулары менен конкуренттерин «жеңет», үйлөрдү, парковкаларды жана оюнчук акчаларды, кудум, Сулайман күң аялдарды коллекция кылгандай коллекция кылат. Ал эч качан түрмөгө отурбайт, бардык жамандыктардан аман калат, Иллинойс-авенюда жана Кентукки-авенюда резиденциясы бар. Эгерде «Форчун» журналы «Монополиянын» 500 миллиардеринин тизмесин жарыкка чыгарганда, бул жигит Уоррен Баффеттин өзүнөн ашып түшмөк. Эч кимде анда болгончолук акча жок.
Эми мына, ал сизден аларды сабаттуулук менен инвестициялаганга жардам беришиңизди каалап жатат. Акыры, сиз финансылык консультант эмессизби. Сизде акциялар жана дивиденттер жөнүндө кенен-кесир маалыматыңыз бар, пенсиялык топтомдор, инвестициялык фонддор, камсыздандыруу компаниялары менен иштөөдө бай тажрыйбаңыз бар. Бирок сиздин топтогон бардык тажрыйбаңыз сизди мындай күтүүсүздүккө даярдай алган жок. Ошого карабастан, кызгылтым фишкалар жана пластмассадан жасалган үйчөлөр салынган каптарды туш тарабына коюп алып, бул адам сиздин каршыңызда отурат. «Монополиядан» түшкөн капиталдарды банкка сактаганы жатасызбы?
— Менде 314 парковка, 244 жол жана ошончо темир жол линияларым бар, алар, кудум түрүлгөн жип сыяктуу жер шарын айландырып ороп чыкканга жетет.
Ал муну олуттуу түрдө айтып жатабы? Сиз сылык бойдон калыш үчүн бүт күч-аракетиңизди жумшайсыз:
— Сиз, сыягы, «Монополиядан» бүтүндөй байлыкты утуп алган окшойсуз.
Колун көкүрөгүнө кайчылаштырып алган ал күлүмсүрөйт:
— Ооба, ошондой. Мен сиздин бул акчаларды ишке салышыңызды каалаймын. А мен болсо креслого чалкалай түшүп, бир аз ыракат алайын. «Монополияны» болсо дагы башка кимдир бирөө монополиялаштыра турсун.
Сиз анын күлкүңдү келтире турган акчаларынын кабына жана тыкандык менен жайнаштырылып салынган кыймылсыз мүлкүнө кайрадан көз жүгүртөсүз да, өзүн-өзү токтото билүүңүздү биротоло жоготуп аласыз:
— Мырза, сиз акылдан адашып калыптырсыз. Сиздин бул нерселериңиздин баары бир тыйынга да турбайт. Бул баалуулуктарыңыз эч нерсеге жарабайт. Сиздин оюнуңуздан сырткары жерде алардын таптакыр мааниси жок. Сиз мени кечирип коюңуз, сиз кандайдыр бир катачылыкка жол берип жатасыз. Чынын айтканда, сиз таптакыр акылсызсыз.
Күчтүү айтылган сөздөр. Бирок эгерде бул учурда алар сизге орундуу көрүнгөн болсо, анда сиздин көз карашыңыз Кудайдын көз карашы менен окшош.
Анан аларга үлгү-насаат аңгеме менен сүйлөдү: Бир бай адам талаасынан мол түшүм алат. Ошондо ал минтип ойлонот: «Түшүмүмдү жыя турган жер жок. Эмне кылсам?»
Мындай кылайын: кампаларымды бузуп, чоңураак кылып салайын да, бүт түшүмүмдү жана бардык байлыгымды ошол жерге жыйнайын. Анан өзүмө: «Жаным, сенде көп жылдарга жете турган байлык бар. Эс ал, ичип же, көңүл ач, — деп айтайын», — дейт.
Бирок Кудай ага: «Акылсыз, ушул түнү жаның алынат. Ошондо сенин жыйып койгондоруң кимге калат?» — деп айтат.
Өзү үчүн байлык жыйнаган, бирок Кудайдын байлыгы менен байыбаган адамга ушундай болот.
Бул бай абдан татыктуу адам болгон болушу мүмкүн. Зыян тартпай тургандай деңгээлде эстүү-баштуу, ийгиликти күтө тургандай деңгээлде ой жүгүртө билген. Баарына көз жүгүртүп карай турган болсок, өзүнүн байлыгын ал чындык боюнча топтогон. Ал кимдир бирөөнү эксплуатация кылганы же алдаганы жөнүндө бир да сөз айтылган эмес. Өзүнүн Кудайдан алган ишкердүүлүк жөндөмдүүлүгүн ийгиликке жетишкен алтын топтоо ишине колдонгон. Чогулган бул байлыктын ашыкчасын эсептеген ал Лафонтендин «Чегиртке жана Кумурска» деген тамсилинен керектүү сабакты алгандай.
Эсиңизде болсо керек, кумурсканын ушундай жайдын аптаптуу күнүндө өзүн-өзү аябастан иштегени чегирткени абдан таң калтырат.
— Эмне мынча жаныңдын барынча иштейсиң, мени менен бир аз отуруп, сүйлөшсөң болбойбу?
Кумурска өзүнүн түйшүгүн түшүндүрүп кирет:
— Кышка камданыш керек эмеспи. Айтмакчы, сага да кеңеш берем, сен да камданып ал.
Бирок чегирткеге иштегенге караганда, көңүл ачуу көбүрөөк жагып турду. Ошентип, бирөөсү эмгектенип жатканда, бирөөсү шоктоно ойноп жатты. А кыш келгенде — каардуу шамалдары жана жылаңачтанган талаалары менен — кумурска өзүнүн дандарын кемирип жатты, чегиртке болсо тротуарда: «Жумуш издейм. Кандай болсо да боло берет. Керек болсо, темирчиге деле шакирт болом» деген жазуусу бар картонду мойнуна илип алып турду.
Ыйса айтып берген үлгү-насаат аңгемедеги ошол бай чегирткенин ордунда болууну таптакыр каалаган эмес. Акысыз шорпого кезекке туруу — ал үчүн эмес. Бирок мындай кезек — биз үчүн да эмес. Бизге ийгиликтүү жер ээси көбүрөөк жагат. Чынын айтканда, биз анын ийгиликтеринин сырын үйрөнгүбүз келмек. Ал, кокусунан, «Пенсиялык кампаны толтуруу» деген китепти жазган эмес бекен? Ал «Өзүңдүн кампаңды ойрон болуудан кантип сактап калыш керек — он эки оңой кадам» деген семинарларды өткөрүп жаткан жокпу? Амбарларды шыкап толтурган бизге жоопкерчиликтүү пландаштыруунун идеалдуу үлгүсүн көрсөтүп жаткан жокпу? Бирок Ыйса ага маскарапоздун баш кийимин кийгизип койгон. Анда бул жигит кайсы нерсени туура эмес кылды? Ыйса муну бизге биринчи жакта айтылган ат атооч жана этиштер колдонулган сүйлөмдөр аркылуу түшүндүрүп берет. Бул жер ээсинин сезимдеринин негизинде эмне жатканына көңүл буруу менен, үлгү-насаат аңгеменин негизги бөлүгүн кайрадан окуп чыгыңыз:
Ошондо
Бул бай адам чоң особнякта дубалдары жалаң күзгүдөн болгон залда жашайт. Ал түндүккө карайбы, батышка карайбы, түштүккө же чыгышка карайбы, дайыма бир эле адамды көрөт — өзүн. Мен. Мага. Меники. Мен. Меникилер. Мага. Мага. Меники. Мен. Мен. Эч качан «алар» эмес. Эч качан «сен» эмес. Бир гана «мен». Атүгүл, ал «сенде» деп айткан кезде деле, өзүнө кайрылып жатат: «сенде көп жылдарга жете турган байлык бар… көңүл ач».
Анан өзүнө өзү кулак салат. Ал жеп-ичиш жана көңүл ачыш үчүн жетишерлик байлык топтой алган. Ал курортто жашаганы жөнөйт, гольф үчүн шаар сыртына жакын жерден беш уктоочу бөлмөсү бар особняк сатып алат. Ал кийимдерин салыштырып, банктагы эсептерин текшерип, ич кийимин кийип, арткы короодогу бассейнге чумкуп кирет. Бирок өкүнүчтүүсү, ал ага суу толтурууну унутуп койгон экен. Бетонго чекеси менен тийип, Кудайдын тактысынын алдында эсине келет, ошондо ал анын жетишкендиктеринин баары бул жерде эч кимди таасирлендирбей турганын түшүнөт. «Акылсыз, ушул түнү жаның алынат. Ошондо сенин жыйып койгондоруң кимге калат?» (Лк. 12:20).
Акылсыз бай башка дарекке кайрылып алды (
Байлык чогултуу — коркунучтан коргонуунун эң кеңири жайылган ыкмасы. Биз жумушубузду, медициналык камсыздандыруубузду, пенсиялык жөлөк пулубузду жоготуп алуудан корккондуктан, жеке менчиктүү болууну ач көздүк менен эңсейбиз — канчалык байлыгыбыз көп болсо, ошончолук жакшы корголгон болобуз деп ойлойбуз. Дал ушундай коркуулар Бабыл мунарасын курган куруучуларды ишке салган. Топон суудан кийин жерге тараган элдер коргонуучу тегерекке өздөрүнүн фургондорун коюп коюуну чечишти. «Алар дагы: «Бүт жер жүзүнө тарап кетпешибиз үчүн, өзүбүзгө шаар жана асман тиреген мунара куралы, атыбызды чыгаралы», — дешкен (Башт. 11:4).
Сизге бул сөздөрдөн коркунуч угулуп жатабы? Алар тарап кетүүдөн, бөлүнүп кетүүдөн коркушкан. Бирок Кудайга кайрылгандын ордуна алар материалдык байлыкка кайрылышкан. Алар чогултушкан жана иреттеп жыйышкан. Камдашкан жана курушкан. Бабылдыктардын аракети жөнүндөгү кабар асманга чейин көтөрүлгөн, алардын душмандарын алыс турганга мажбур кылган. Бабылдын девизи мындай болгон: «Сен канчалык көп чогулткан болсоң, ошончолук бекем корголгон болосуң». Ошондуктан алар чогултушкан. Алар таштарды үстү-үстүнө коюшкан, аларды аралашма менен бириктирип бекиткен, кыштарды, пенсия үчүн чогулткан акчаларын, инвестициялык фонддордун акцияларын жана чогултуу эсептерин кынактап чыгышкан. Алар пенсиядан, мүлктөн жана кыймылсыз мүлктөн текши тизилген курулушту жогору көтөрүшкөн. Алардын материалдык камсыз болуусунун мунаралары ушунчалык бийик болгондуктан, анын бийиктигин көрүш үчүн аракет жасаганда моюн ооруй түшкөн.
— Эми биз корголдук! — деп жар салышты, церемониялуу лентаны кесишти.
— Жок, эрте, — деп тактады Кудай. Ошондо бабылдык ызы-чуу адамдык ызы-чууга айланды, алардын ар бири өз тилинде сүйлөп жатты. БУУ ассамблеясы бүткүл дүйнөлүк котормочулардын көтөрүлүшүнүн фонунда. Кудай бүгүнкү күндө да ушундай тактоолорду киргизип жаткан жокпу? Биз дивиденттерден салык алуу системасын түзөбүз, чектелген жоопкерчиликке чектөөлөрдү киргизебиз. Түшкөн пайдаларга жана чогултулган акчаларга ушунчалык ишенгендиктен, биздин маанайыбыз биржалык курс менен кошо өйдө-төмөн көтөрүлүп түшүп турат. Андан кийин «Катрина» бороонуна окшоп, кризистер жана экономиканын кулоолору келет, анан бардык окуя кайрадан кайталанат.
2008-жылкы экономикалык кризис мезгилинде Стамфорддо (Коннектикут штаты) бир эркек киши банкты жардырып жиберерин айтып коркуткан. Өзүнүн 2 миллионунан 500 миң долларын жоготкондуктан ал курал менен келүүнү чечкен, эгерде керек болсо, жөнөкөй кызматкерлерди эч кандай айыбы жок адамдарды да өлтүрөм деп чечкен[38]. Баш аламан ок атуу анын тарткан зыянынын ордун толтуруп бере тургансып. Коркунуч эч качан өзүнүн логикасы менен даңкталган эмес.
— Эгерде Кудай болбогондо, чогултулган байлыкка таянуу үмүтсүз келечектин алдындагы коркунучка каршы туруучу бирден-бир таасир этүүчү каражат болуп калмак.Бирок Кудай бар. Ошондой эле, Кудай Өзүнүн балдарынын акчага ишенип алышын каалабайт. Байлардын акылсыздыгына Ал көп ирээт «коркпогула» деген чакырыгы менен жооп берет. «…жаныңар үчүн…түйшүктөнбөгүлө» (Лк. 12:22), «…силер: «Эмне жейбиз же эмне ичебиз?» — деп ойлонуп, тынчсызданбагыла…» (Лк. 12:29).
Ошол бай дыйкандын жолу менен барбагыла, ал материалдык байлыктары менен бай болсо да, руханий жагынан жарды болгон. «Кичинекей үйүр, коркпо! Анткени Атаңар силерге Падышачылыкты бергиси келет» (Лк. 12:32). Бул — Ыйса бизди «кичинекей үйүр» деп атаган бирден-бир учур. Мындай койчулук түйшүк биздин тамак-аш жөнүндөгү коркунучтарыбызга байланыштуу айтылган.
Биз бир жолу Уэльстин Кара тоосунда бир жергиликтүү койчу менен кошо ат үстүндө бара жатканбыз. Жашыл өрөөндү пахтанын кичинекей үзүндүсүндөй болуп оттоп жүргөн койлор толтурган эле. Көп өтпөй алардын бирөөсү жолугуп калды. Анын буттары асманды карап, тегиз эмес жолдун бир чуңкуруна түшүп кетип, чыга албай жаткан экен.
Аны көргөн койчу аял аттан түштү да, мен тарапты карап күлдү:
— Акылдуу эмес жаныбарлар.
Жардам алганына кубанган кой ары кетип калды.
Биз дагы анча акылдуу эмес жандыктарбыз. Бирок бизде бизди кайрадан бутубузга тургузуп кое турган Койчубуз бар. Жакшы койчу катары, Ал бизди тамаксыз жана үйсүз калтырбайт. «Мен жаш болгом, эми карыдым, бирок адил адамды Кудай таштап койгонун же анын балдарынын нан сурап жүргөнүн көргөн жокмун…» (Заб. 36:25). Мындай эскерүүнү угуу кандай кубанычтуу! Үйүң карызга кетип калганда, пенсияга чогулткан акчаларың жок болуп кеткенде бизге Койчу керек. Биздин Койчубуз бар — Ал Машайак. Ал бизге Падышачылыкты белек кылган.
Айкөлдүк Кудайдын күчтүү жаратуучулук сапатын мүнөздөйт. Ыйык Жазуунун биринчи бетинде эле Кудайдын айкөл Жаратуучу экени айтылган. Ал баарын — жылдыздарды, өсүмдүктөрдү, канаттууларды жана жаныбарларды артыкчылыгы менен жаратат. Кудай бул «молчулуктун литургиясында»[39] Адам менен Обону жаратат жана аларга айтылган үлгүнү аткарууну буюрат: «..Укумдап-тукумдагыла, жер жүзүн толтургула…» (Башт. 1:28).
Дүйнөнү сараң Скрудж эмес, Кудай жараткан.
103-Забур айкөлдүк менен тартуу кылынган жаратуу тууралуу ырдайт, көптөгөн баталарды санап чыгат: асман менен жерди, суулар менен булактарды, өсүмдүктөрдү, канаттууларды, жейрендерди, шараптарды, карагайларды, нанды, адамдарды жана арстандарды. Кудай баары үчүн кам көрөт: «…Андагы тирүү жандыктарга, чоң-кичине жаныбарларга сан жетпейт…Бардыгы Сенин өз маалында тамак берүүңдү күтүшөт» (Заб. 103:25, 27).
Анан Ал берет. Кудай Өзүнүн тартуулары менен улуу. Улуу Азыктандыруучу. Бардык батанын булагы. Абдан айкөл жана өтө ишенимдүү. Ыйык Жазууда кайталанган күбөлөндүрүүлөр жана көрсөтмөлөр ачык: Кудай баарын башкарып турат. Ошондой эле, Ал биздин баарыбыздын энчибизди бөлүп берет. Өзүңүздүн байлыгыңызга эмес, Ага ишениңиз!
Бул дүйнөдөгү байларга мындай деп насаат айт: алар өздөрү жөнүндө жогору ойлошпосун жана өздөрүнүн ишенүүгө болбой турган байлыгына таянышпасын, тескерисинче, биздин жыргалчылыгыбыз үчүн бардыгын мол берүүчү тирүү Кудайга таянышсын. Алар жакшылык кылышсын, жакшы иштерге байышсын, берешен болуп, башкалар менен бөлүшө билишсин. Ошондо алар түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн, өздөрүнө келечек үчүн жакшы негиз боло турган кенч жыйнаган болушат.
А сиз «бул дүйнөдөгү байлардын» катарына киресизби? Эгерде сизде бул китепти окуганга каражатыңыз жана билимиңиз жетип жаткан болсо, анда ооба. Дээрлик дүйнөнүн жарымы — үч миллиарддан ашуун адам — бир күнгө эки жарым доллардан кем акчага жашайт[40]. Эгерде сиздин кирешеңиз мындан көп болсо, анда сиз толук эле камсыз болгон адамсыз жана сиздин байлыгыңыз эки эселенген сергектикти талап кылат.
«Кыйынчылыктар кээде адам үчүн оор, — деп жазган Томас Карлейль, — бирок чоң жетишкендикти көтөрө билген бир адамга кыйынчылыкка чыдай билген жүз адам туура келет»[41]. Жеке мүлктүн ашыктыгы, бул жеке мүлк канчалык боор ооруй турганчалык болгонуна карабастан, адамга Кудайды күңүрт көрсөтүп салышы мүмкүн. Жакырчылыктан менменсинүүгө алып бара турган алдын ала анык айтылган жол бар. Жарды адам Кудайга сыйынат жана эмгектенет — анан Кудай анын сыйынуусун угуп, ага батасын берет. Жөнөкөй адам бай болгондон кийин Кудайды унутуп калат. Такыбаа жарды текебер байга айланып калат. Кудай Ошуя пайгамбар аркылуу айткандай, «жайыты бар кезде алар ток эле. Тойгондон кийин алардын жүрөгү көтөрүлдү, ошондуктан алар Мени эстеринен чыгарып коюшту» (Ош. 13:6). Менменсинген бай Кудайдын сотуна кабылат. Биз мындан кантип качып кутулсак болот? Байлыкты кантип көтөрүүгө болот?
Менменсинген адам болбоңуз… Өзүңүздүн байлыгыңызга кандайдыр бир тиешем бар деп бир секундага да ойлонбоңуз. Ыйык Жазууда бир бай жөнүндө абдан анык айтылган. Сиздин акцияңыз, алтын салган кабыңыз, пенсияга чогулткан акчаларыңыз сиздикиби? Алар сиздики эмес.
Анткени асман жана асмандардын асманы, жер жана андагынын бардыгы Кудай-Теңириңдин колунда…
Теңир, улуулук да, кудуреттүүлүк да, даңк да, жеңиш да, урмат-сый да Сага таандык, жердеги менен асмандагынын баары Сеники!…
Күмүш Меники, алтын да Меники, — дейт Себайот Теңир.
Ыйса айтып берген үлгү-насаат аңгемедеги акылсыз бай муну түшүнгөн эмес. Ал Ыйса ийбадатканадан жолуктурган акылман аялдан айырмаланган. «Бир жесир аял да келип, эки лепта салды. Ошондо Ыйса шакирттерин жанына чакырып, аларга мындай деди: «Силерге чындыкты айтып коеюн, бул жарды жесир аял акча салгандардын бардыгынан көп салды. Анткени бардыгы өздөрүнөн артканды салышты, ал эми бул аял жардылыгына карабастан, колунда болгонун, тамакка деген акчасынын баарын салды»» (Мр. 12:42–44).
Байкуштун эң акыркы тыйындары калган эле, аларга нан сатып алгандын ордуна, ал аларды Кудайга кайтарып берген.Уолл-стриттеги финансылык консультанттар аны мындай айкөл курмандык кылууну кыскартканга көндүрүшмөк. Чынын айтканда, финансылык консультанттар кампасын кенен кылып салган куруучуну акылдуулугу үчүн макташмак, бул аялды болсо ысырап кылганы үчүн айыпташмак. Ыйса таптакыр тескерисинче кылды. Ал үчүн инвестициялык саясаттын идеалы болуп, жарды аялдын кылганы эсептелди, ал өзүнүн капиталынын баарын Кудайга курмандык кылууга салган болчу.
Кудай бизди колдун кири болгон байлыкка таянбоого чакырат. Же болбосо, бир заманбап англис тилиндеги котормодо айтылгандай, «Менменсиншиңер керек, өзүңөрдүн байлыгыңарга, туруксуз жана ишеничсиз таянычка, табынбагыла» (1 Тим. 6:17). Акчалар — ишеничсиз таяныч. 1948–2001-жылдар аралыгында АКШнын экономикасы он рецессияны башынан кечирген. Бул экономикалык кулоолор орто эсеп менен алганда, он айга созулган жана миллиарддаган жоготууларга алып келген[42]. Ар бир беш жылда экономика өзүнө ишенгендерди ачуу тагдырга таштап койгон жана жаңы кандидатураларга өтүп кете берген. Өзүнүн аялына ушундай мамиле кылган эркек жөнүндө сиз эмне демексиз? Элүү жыл ичинде тогуз түрдүү аялга үйлөнгөн эркекти сиз кандай сөздөр менен мүнөздөп бере алмаксыз?
Ошондой эле, сиз анын онунчу аялын кандай сөз менен мүнөздөмөксүз?
Боб Рассел бул эки сөз эмне үчүн уйкаша турганын түшүнгөн. Анын эң сонун мындай аңгемеси бар:
Бир жолу, бир канча жыл мурда, биздин үй-бүлө «Монополия» оюнун ойногону отурду. Менде ийгиликтүү таштоо сериялары болду. Биринчи турда мен Иллинойс-авенюга жана парковкага туш болдум жана башка нерселерди сатып алдым. Андан кийин мен аларга Индиана-авенюну жана жолду коштум. Бул көчөдө кимдир бирөө алсыз боло баштаганда, мен аны жок кылып салмакмын. Мен төрт темир жолдун баарын сатып алдым. Үйлөргө жана отелдерге ээ болдум. Бетимден өзүмө ыраазы болгон күлүмсүрөөнү жашыра алган жокмун. Менде ушунчалык көп акча пайда болду; анын бир бөлүгүн өзүнчө запас үймөкчөгө салышыма туура келди.Калган оюнчулар өздөрүнүн бир канча долларларын кайрадан эсептеп чыгышты, а менде болсо жүздөгөн жана миңдеген долларларым бар эле!
Ошентип, акырында, саат бир болоюн деп калганда, баары банкрот болуп калышты, анан мен жеңип алдым! Алар столдон бир да куттуктоо сөзүн айтпай туруп, уктаганы чыгып кетишти.
— Эй, токтогула, — дедим мен. — Оюнчуктарды жыйнашыбыз керек эмеспи.
Алар мага минтип жооп беришти:
— Бул сага жеңиш үчүн сыйлык. Бейпил түн!
Ошентип, мен столдо жалгыз калдым. Менин бардык отелдерим, менин бардык мүлктөрүм, менин бардык акчаларым таптакыр мааниси жок экенин түшүндүм. Мен аларды кутуга салышыма туура келди. Жаап, текчеге коюп койдум. Анан мен секичеден өзүмдүн суук керебетиме көтөрүлдүм. Аялым мага: «Билесиңби, мен сени менен ушунчалык сыймыктанамын. Сен ушунчалык ийгиликтүү инвесторсуң. Биз сени эч качан жеңе албайбыз. — Сен өзүң «Монополия» мырзасысың» — деп айткан жок. Ал менин жаагымдан чоп эттире өөп койду да, бурулуп кетип калды[43].
Бул катачылыкты оюнда кетиргени Бобдун артыкчылыгы эле. Башка көп учурда реалдуу жашоодо катачылык кетиргендердин саны канча жана алар абдан бактысыз адамдар.
Адам байый баштаганда, анын үйүнүн атак-даңкы арта баштаганда, коркпо. Анткени ал өлүп бара жатканда, эч нерсени ала кетпейт. Атак-даңкы артынан кетпейт. Ал тирүү кезинде өз жанын кадырлап-кастарласа да, өзүн өзү камсыз кылганы үчүн адамдар аны макташса да, ал өзүнүн ата-бабаларынын артынан барат, алар эч убакта жарыкты көрүшпөйт. Атак-даңктуу, бирок акылсыз адам өлө турган жаныбарларга эле окшош.
Кудай баарын башкарып турат жана биздин жакшылыгыбыз үчүн баарын берет. Ал — биздин, кичинекей үйүрдүн, жакшы Койчусу. Өзүңүздүн байлыгыңызга эмес, Ага таяныңыз. Жокчулуктун коркунучун жетишкендиктин тынчтыгына алмаштырыңыз. Азыраак чогултуп, көбүрөөк бөлүшүңүз. «Жакшылык кылуу, жакшы иштер менен байуу, айкөл болуп, мамиле куруу» маанилүү.
Эң башкысы — кирип келе жаткан коркунучтун тирүү Кудайга болгон ишенимге алмашышы маанилүү. Акыр-аягында, бул болгону «Монополиядагы» фишкалар. Оюн бүткөндөн кийин бардык фигуралар кутуга кайта салынат.
10-БӨЛҮМ
ӨЗГӨЧӨ КОРККОНДОР
Кайгырбагыла. Кудайга жана Мага ишенгиле. Барып, силерге орун даярдап койгондон кийин, кайтып келем да, Мен болгон жерде силер да болууңар үчүн, силерди жаныма алып кетем.
ӨМҮР МЕНЕН КОШ АЙТЫШУУДАН БОЛГОН КОРКУНУЧ
Бир жолу мен түшүмдө тырышкан шляпа менен вельвет пиджак кийип алган адамды жолуктурдум. Ал Индиана Джонстун академиялык версиясындай көрүндү — сыртынан караганда профессордой көрүнөт, кайраттуу сакалы, мээримдүү көз карашы бар. Ал өлүк узатууларга дайыма келип турган киши экен. Көрүнүп тургандай, мен дагы ошондой экенмин, анткени бул түштө бир өлүк узатуу кызматы башкасы менен алмашып жатты — маркум жаткан зал, кичинекей чиркөө, мүрзө. Ал өзүнүн шляпасын такыр чечкен жок. Мен да аны эмнеге дайыма кийип жүргөнүн сураган жокмун, бир гана эмне үчүн ал дайыма өлүк көмүүлөрдө жүрө турганына кызыктым.
— Мен адамдарды түбөлүк үйүнө алып кеткени келемин.
Ойгоо турган кезимде мындай сөздү уккан болсом, мындай билдирүү атайын адамдар бул типтин байланыштарын текшериши үчүн, мени УКМКга телефон чалууга түртмөк. Бирок ал түш болчу, а түштө болсо ар түрдүү таң калыштуу нерселер боло берет, ошон үчүн мен андан ары тереңдеп кирген жокмун. Мен анын тизмелеп алган клиенттеринин ата тегин териштирген жокмун, аларды алып кетүү ыкмасы жөнүндө дагы сураган жокмун. Өлүк узатууда вельвет пиджак жана тырышкан шляпа кийген адамды көрүү канчалык таң калыштуу экени акылыма келген жок. Бирок мен бака-шака түшкөн көчөдө ага туш келгенимде таң калдым.
Көз алдыңызга Ыраазычылык күнүндөгү же болбосо Төртүнчү июлдагы парадды келтирип көрүңүз.
— Сизди бул жерден жолуктурамын деп күткөн эмесмин, — дедим мен ага. Ал жооп берген жок.
Жакын жерде менин досторумдун бири турганын көрдүм. Жакшы адам, жайдагы жесир, ден соолугу начар. Мен кокусунан вельвет пиджак жана тырышкан шляпа кийген периште эмнеге бул жерде турганын түшүнүп кеткенсидим.
— Сиз менин досумду алып кеткени келдиңиз.
— Жок.
Андан кийин менин түшүмдө жалаң түштө гана боло турган нерсе болуп өттү. Бейтааныш экөөбүздөн башка баары кайдадыр жоголуп кетишти. Ызы-чуу түшкөн тротуар элсиз көчөгө, ушунчалык тынч жерге айланып калды, мен анын төмөнкү сөзүн укпай кое албадым:
— Макс, мен сени алганы келдим.
Кызык, мен каршылык көрсөткөн жокмун, качып кеткенге аракет кылган жокмун. Мен, бирок, өзүмдүн өтүнүчүмдү айттым. Ал аны аткарганга макул болгондо, көчө кокусунан адамдарга толуп кетти, анан мен биринен башкасына өтүп, баары менен коштошуп жаттым. Мен эч кимге периште жана анын шляпасы жөнүндө, кайда бара жатканым жөнүндө айткан жокмун. Алар эртең кайрадан көрүшөбүз деп ойлоп жатышты.
Бирок мен чындыкты билет болчумун, ошондуктан дүйнө дагы чынчыл боло түштү. Жашоонун обьективи фокусталбай калып, тунуктугун тууралагандан кийин картина тунук боло түшкөндөй анык көрүнүп кетти. Катачылыктар менен капачылыктар унутулуп калды. Биринчи планга сүйүү чыкты. Мен өзүмдүн эң каардуу сынчыма деле колумду сундум. Жарды адамга акча капчыгымды белек кылдым. Өтө көңүлсүз жана өтө ачуулуу адамдар менен кучакташтым. А өзүмдүн жакындарыма болсо, аялыма жана балдарыма, чогуу сыйынууну сунуш кылдым. Мындан жөнөкөй сыйынуу менен эч качан сыйынып көргөн эмес элем. Ишенимде бекем туруу. Машайакка ишенүү.
Ошол жерде түшүм бүтүп калды. Мен ойгонуп кеттим. Анан бир саат ичинде мен бул түштөн эсимде калгандын баарын жазып койдум.
Ал менин жан дүйнөмдө көп жылдарга чейин орноп жүрдү. Мен ага кудум сүйүктүү ырга же сүйүктүү свитериме кайрылгандай кайрылып келемин. Мен башка түштөрүмдө да ушундай болот деп айта албаймын. Бирок бул түш тереңдеги умтулууну резонанс бергени менен айырмаланып турат, ал сизге түшүнүктүү болушу мүмкүн — өз өлүмүңдү коркунучсуз тосуп алуу. Коркунучсуз жана согушсуз өлүү… күлүмсүрөө менен болсо андан да жакшы.
Мүмкүн эмеспи? Кимдир бирөө ушундай ойлойт.
Аристотель өлүмдөн баарынан көп коркуу керектигин айтат, анткени «ал бардык нерсенин аягы»[44]. Жан Поль Сартр «өлүм жашоонун бардык маанисин жоготот» деп ырастаган[45]. Роберт Грин Ингерсолл[46] — америкалык ашынган агностиктердин бири, ал өзүнүн агасын көмүп жаткан кезде соорото ала турган эч бир сөздү айта алган эмес. Ал: «Жашоо — суук жана жылаңач тоо чокуларынын эки учун бириктирген тар өрөөн», — деп айткан. Биз алардын эбегейсиз чокусунун ары жагын көрүш үчүн курулай убара болобуз[47]. Француз философу Франсуа Рабленин пессимизми Антарктиканын суугундай суукту берет. Анын акыркы айтылган сөзү мындайча болгон: «Мен улуу «Мүмкүнгө» бара жатамын»[48]. Шекспир өлүм жөнүндө Гамлеттин оозу аркылуу өтө мүңкүрөгөн тон менен мындай сөздөрдү айтат:
Кандай кайгылуу, мүңкүрөтө турган сөздөр! Эгерде өлүм болгону «баарынын аягы», «жылаңач тоо чокусу» жана «улуу «Мүмкүн»» болгон болсо, анда ким коркпостон көз жума алат? Бирок эгер бул философтор кайсы бир нерсени көз жаздымында калтырып кетишкен болсочу? Алып көрсөк, өлүм алар ойлогон нерсенин баарынан айырмаланып турат — каргыш эмес, а көчүп өтүү, качып кетиш керек болгон кырсык эмес, а бурулуш керек болгон кайрылыш. Эгерде мүрзө жанды алып кетчүнүн ээлиги эмес, а бир жолу: «Топуракта жаткандар, ойгонгула да кубангыла!…» (Ыш. 26:19) деп Жар салгандын, жанды Сактоочунун ээлиги болсочу?
Машайактын убадасы ушундай: «Кайгырбагыла. Кудайга жана Мага ишенгиле. Атамдын үйүндө орун көп. Эгерде андай болбосо, Мен силерге айтмакмын Мен силерге орун даярдаганы бара жатам. Барып, силерге орун даярдап койгондон кийин, кайтып келем да, Мен болгон жерде силер да болууңар үчүн, силерди жаныма алып кетем» (Жкн. 14:1–3).
Биз үчүн Машайактын сөздөрү сооротуу катары угулган кезде, анын биринчи жүз жылдыктагы угуучуларына алар революциялык сөздөр катары угулган. Ал эч кимдин оюна келбеген жана аны жасоого кайраты жетпеген, атүгүл, көз алдына келтире албаган эрдикти жасоону убада кылган. Ал өлгөндөн тирилип, Өзүнүн шакирттерин мүрзөдөн алып чыгат.
Салттуу жүйүт дининде тирилүү жөнүндө ар түрдүү кайчы пикирлер орун алган. «Анткени садукейлер: «Өлгөндөр тирилбейт, периште деген да, рух деген да жок», — дешет» (Элч. ишт. 23:8). Садукейлер үчүн өлүм катастрофалык нерсе катары сезилген, шеолго (жүйүт дининде өлгөндөр жаткан жай), тозокко бара турган кайтып келгис жол. Эч кандай куткарылуу жок. Эч кандай үмүт жок. Эч кандай амнистия жок. «Тирүүлөр өлө турганын билишет, ал эми өлгөндөр эч нерсе билишпейт…» (Нас. 9:5).
Фарисейлер тирилүүгө ишенишкен, бирок бул тирилүү дене жактан тирилүү эмес, руханий тирилүү болот деп ишенишкен. «Өлүктү жерге коюуда пайгамбарлардын жаңы жашоо үчүн денеде тирилүүсү жөнүндөгү идеялар болгон эмес… …Жүйүттөрдүн көзүндө Ыбрайым, Ыскак жана Жакып канчалык урмат-сыйга ээ болушса дагы, алар өлгөндөн тирилишет деп эч ким ойлогон эмес»[50].
Байыркы грек философиясында образдар башкача, бирок ал ошол эле үмүт үзүлүүгө алып барат. Байыркы гректерде өлкөнүн картасында өлүм өлкөсү Харон деген кайыкчысы бар Стикс дарыясы болгон. Харон өлгөндөрдүн жанын дарыядан өткөрүп койгон, аларды денеси жок рухтардын, көлөкөлөрдүн, арбактардын караңгы падышалыгына жеткирип койгон.
Ыйса келгендеги сцена мына ушундай болчу. Бирок Ал мындай туруксуз шектенүүлөрдүн сормо сазына келип, бекем көпүрөнү курган. Ал өлгөндөн кийинки өмүрдү гана эмес, эң мыкты жашоону убада кылган.
«Атамдын үйүндө орун көп… Мен силерге орун даярдаганы бара жатам». Көбүнчө биз, Батыштын адамдары, бул жерде никелешүү ассоциациясын сезе албайбыз, бирок өзүңүздүн той көйнөгүңүздү күрөөгө койсоңуз болот, Ыйсаны угуп тургандар, албетте, аларды байкашкан. Күйөөнүн келинге берген убадасы дал ушундай болгон. Эки тараптын тең ата-энелеринин макулдугун алган күйөө, өзүнүн аялына жашай турган турак-жай куруш үчүн, атасынын үйүнө кайтып келет. Ал «орун даярдашы» керек болчу.
Сиз үчүн да дал ушундай нерсени убада кылган Ыйса өлүк узатууну той сыяктуу үмүттүн булагына айландырып коет. Анын көздөрүндө мүрзөнүн башындагы өлүк көмүү өзү менен кошо чиркөөдө никелешүү сыяктуу толкундандыруучу окуяны камтышы керек.
Бул пикир азыр биздин үй-бүлөбүздө өзүнүн жаңырыгын таап турган кези, анткени бизде үйлөнүү тойго болгон даярдык бүтүп баратат. «Бизде» деген сөздү жалпылатып колдонуп жатамын. Анткени биздин кызыбыз Дженна турмушка чыгууга даярданып жатат. Мен жөн гана күлүмсүрөп, башымды ийкеп, чек жазып берип коюп отурамын. Биздин үйүбүз той көйнөгү, тойго арналган торт, тойго чакырылган коноктор жана той банкети жөнүндөгү сүйлөшүүлөрдөн күүлдөп жатат. Той күнү белгиленди, чиркөө тандалды, баары жан дүйнөсүнүн тереңине чейин толкунданып алышкан. Той — кубанычтын жарчысы!
Өлүк көмүү сыяктуу деп айтат Ыйса. Мунусу да, тигиниси да — бар болуунун жаңы дооруна көчүп өтүүнү билдирген белги, ал жерде биздин жаңы атыбыз жана жаңы үйүбүз болот. Жигит кызды колуна көтөрүп бара жатат. Ыйса — биздин Күйөө жигитибиз. «Кайтып келем да, силерди Өзүмө алып кетем». Ал сизди жыйындын төр жагынан күтүп алат. Сиздин жер бетиндеги жашооңуздун эң акыркы жарыгы Анын жакындашынын биринчи жарыгы болуп калат.
Бирок бизде Ал Өзүнүн берген убадасын аткарат деген ишенимдүүлүк кайдан болот? Анын сөздөрү поэтикалык образ же жок нерсеге ишенүүгө караганда чоңураак экенине кандай кепилдигибиз бар? Өз жүрөгүбүздүн табынуусун жүйүт талаасынан келген жыгач устанын колуна тапшырганга кайраттуулук көрсөтө алабызбы? Жооп Иерусалимдеги мүрзөдөн табылат. Эгерде Ыйсанын табыты бош болгон болсо, анда Анын убадалары куру эмес. Элчи Пабыл бул ойлордун баарынын логикасын кантип бир сүйлөмгө батырганын карап көрөлү: «…Ар бири өз кезеги менен тирилет: адегенде Машайак, Машайак келгенде, машайакчылар тирилишет…» (1 Кор. 15:23).
Пабыл Корунт жыйынынын байыркы грек философиясынын табыт ичиндеги караңгылыктын көлөкөсү жөнүндөгү түшүнүктөрдө тарбияланган машайакчыларына кайрылган. Кимдир бирөө аларды өлгөн дене тирилбейт — алардын денеси да, Машайактын денеси да тирилбейт деп ишендирген. Мындай ойго элчи чыдай албайт. «Бир туугандар, мен силерге тараткан Жакшы Кабарды эсиңерге салайын…» (1 Кор. 15:1). Өзү чыгарган бүтүмүн бекемдик менен алып жүргөн юрист сыяктуу, элчи Пабыл фактыларды карап чыгат: «Машайак…үчүнчү күнү тирилди… Ал Кейфага, кийин он эки шакиртине көрүндү. Андан кийин бир эле убакта беш жүздөн ашуун бир тууганыбызга көрүндү…Андан кийин Жакыпка жана башка элчилерге көрүндү. Акырында ай-күнүнө жетпей төрөлгөн балага окшогон мага да көрүндү» (1 Кор. 15:3–8).
Келгиле, күбөлөрдү чакырабыз деп сунуш кылат ал. Аларды биринин артынан бирин чакырабыз. Ким тирилген Машайакты көргөн болсо, бул жөнүндө айтып берсин. Шам-шум этип ала турган азыгыңызды камдаңыз да, календардан жакынкы аралыктагы жумуштарыңыздын баарын сызып салыңыз, анткени беш жүздөн ашуун күбөлөрдү аягына чейин угушуңуз керек.
Пабылдын логикасын түшүнөсүзбү? Эгерде бир адам Машайактын айкаш жыгачка кадалгандан кийин тирилгенин көрдүм деп айтса, муну эсепке албай эле коелу. Эгерде көрсөтмөнү он эки адам берип жатса, муну массалык галлюцинация деп койсок болот. Бирок элүү адамдын берген көрсөтмөсүнчү? Жүз адамдынчы? Үч жүздүкүнчү? Бир эле нерсе жөнүндө жүздөгөн адамдар күбөлөндүрүп жатса, ишенбестик ишенимге алмашат.
Пабыл бир топ адамдардын эмес, а жүздөгөн күбөлөрдүн бар экенин билген. Петир. Жакып. Жакан. Анын беш жүздөй жолдоочулары, шакирттери; Пабыл өзү. Алар Ыйсаны көрүшкөн. Алар Аны сөздүн физикалык маанисинде көрүшкөн.
Алар Аны реалдуу түрдө көрүшкөн. Ал жерде арбак же кандайдыр бир сезимдердин алданышы болгон эмес. Эпитафиялардан көбүнчө мындай сөздөрдү жолуктурууга болот: «Ал менин жүрөгүмдө түбөлүккө жашай берет». Ыйсанын шакирттери таптакыр муну айтышкан эмес. Алар Ыйсаны «денеде» көрүшкөн.
Шакирттерине көрүнгөн Ал аларды ишендирген: «…Бул Мен, Өзүммүн…» (Лк. 24:39). Эмауска жөнөгөн шакирттер Анын денесинен эч кандай өзгөчө нерсени көрүшкөн эмес. Анын буттары жерге тийип турган. Анын колунда нан турган. Алар Аны «алардын көздөрү ачылганга чейин» өздөрү сыяктуу эле жолоочу экен деп ойлошкон (Лк. 24:31). Мариям Ыйсаны бакта көрүп, Аны «мырза» деп атаган (Жкн. 20:15).Шакирттер жээкте Ыйсанын отко балык бышырып жатканын көрүшкөн. Тирилген Машайак физикалык денеде физикалык иш-аракеттерди жасаган. Ал шакирттерге алар көз алдында рухту көрбөй жатканын түшүндүрүп берди: «…Мага колуңарды тийгизип көргүлө, элестин денеси да, сөөгү да болбойт, бирок өзүңөр көрүп тургандай, Менде бар» (Лк. 24:39).
Ыйсада физикалык, денелик тирилүү болуп өткөн. Мына! —Ал тирилген болсо, демек, биз да тирилебиз! «Ар бири өз кезеги менен тирилет: адегенде Машайак, Машайак келгенде, машайакчылар тирилишет».
Аристотель адашкан. Өлүмдөн коркуш керек эмес. Сартр адашкан. Өмүрдүн эң акыркы көз ирмеми — эң жаманы эмес. Байыркы грек жол көрсөтүүчүсү так айткан эмес. Харон сизди унуткаруу өлкөсүнө алып барбайт. Кылымдар өткөндөн кийин беш жүздөн ашуун күбөлөр бизге өздөрүнүн күбөлөндүрүүлөрүн калтырып кетишкен: өлүм коркунучтуу эмес.
Ошондой эле, ишеним менен өлөбүз. Тирилүү биздин жүрөгүбүзгө кирсин жана өлүмдүн жакындашына кантип карай турганыбызды аныктасын. «Өлүмдөн коркуп, өмүр бою кул болуп жүргөндөр» эркин болушсун (Эвр. 2:15).
Ыйса бизге ушул акыркы саякат үчүн баатырдыкты берет. Ал аны Чарлз Линдбергге, дүйнөдө биринчи болуп Атлантиканын үстүнөн конбой учуп өткөн авиаторго берген. Линберг рак оорусу менен ооруп калганын билгенде, өзүнүн акыркы күндөрүн өткөрүш үчүн аялы менен Гавай аралдарына жөнөп кетет. Ал акыркы жөрөлгөлөрдү өткөзсүн үчүн ыйык кызматчыны чакырат жана ал өлгөндө чогулган элге кандай сөздөр айтылышы керектигин өзү жазат.
Чарлз А. Линдбергдин денесин биз анын акыркы жай ала турган жерине берип жатабыз; бирок анын жанын кудуреттүү Кудайдын колуна тапшырабыз, өлүм тиричиликтин жаңы бурулушу сыяктуу бир нерсе экенин билебиз жана Ыйсанын айкаш жыгачта: «Ата! Жанымды Сенин колуңа тапшырамын» деген сөзүн эстейбиз[51].
«Өлүм — тиричиликтин жаңы бурулушу». Андан коркуштун же андан бурулуп кетүүнүн кереги жок. Машайактын жардамы менен биз ага тике карай алабыз.
Мен тик карадым. Жүрөккө жасалган башка хирургиялык операциялардын арасынан меники өтө деле тобокелчиликтүү эмес эле. Бирок ачык жүрөккө манипуляция кылган төрт саатты талап кылган кандай медициналык процедура болбосун, сыйынуу ашыкча болбойт. Ошондуктан операция болорумдун алдында мен, Деналин жана биздин башка бир канча жакшы досторубуз чогуу сыйындык. Биз Кливленд (Огайо штаты) клиникасынын мейманканасында калдык. Биз Кудайдан дарыгерлерге жана карай тургандарга батасын беришин сурандык. Андан кийин дагы бир аз сүйлөшүп отурдук, баары мага ийгилик каалашты жана коштошушту. Мен эртерээк укташым керек болчу. Бирок уйкум келген жок, анан мен дагы бир жолу сыйынгым келди… эми жалгыз.
Мен лифт менен вестибюлга түштүм, тынч жерди таптым да ойлоно баштадым. «Эгерде операция ийгиликтүү болбой калсачы? Бул менин жер бетиндеги эң акыркы түнүм болсочу? Мен жарашышым керек болгон кимдир бирөө жокпу? Алдында айыбымды жуушум үчүн телефон чалышым керек болгон кимдир бирөө жокпу?» Мен мындай адамды эстей алган жокмун (а эгерде сиз мени мага телефон чалыш керек эле деп эсептеген болсоңуз, мени кечирип коюңуз; балким, биз сүйлөшүшүбүз керек).
Андан кийин мен аялыма жана кыздарыма кат жаздым, ар бир сөзүм мындайча башталды: «Эгерде сен азыр муну окуп жаткан болсоң, демек операция ийгиликтүү болгон эмес».
Андан кийин менде Кудай менен эң чынчыл жана ачык сүйлөшүү болду. Биз менин жашоомдун алгачкы элүү жылын терең ойлонуп талкуулоодон баштадык. Кенен-кесир айтып берсем, сиз чарчап кетесиз, бирок алар Кудай менен мени кызыктырды. Мен Ага чегинен ашык берген ырайымы үчүн жана мага периштелер тарабынан жөнөтүлгөн аялым үчүн ыраазычылык билдирдим. Мен Анын ырайымдарын эсептеп отурганымда таң атып кетмек, иш ошого чейин бармак. Ошондуктан мен өзүмдү токтотуп, минтип сыйындым: «Мен жакшы колдордомун, Теңир. Дарыгерлер операцияга даярданышты, персонал тажрыйбалуу. Бирок эң жакшы аракеттерде деле ар түрдүү окуялар болуп кетиши мүмкүн. Балким, бул түн менин жер бетиндеги эң акыркы түнүмдүр, бирок мен Сага айткым келет — ошондой болсо деле, менде баары жайында».
Мен жаттым. Кичинекей баладай уктадым. Тырышкан шляпа кийген периште менин артымдан келген жок. Операциядан кийин мага күчүм кайтып келди, эми мына, мен дайым болуп келгендей энергиялуумун, компьютердин клавиатурасын тездикте басып жатам. Бирок бир нерсе өзгөрүлдү. Өлүмдү кайраттуулук менен тосуп алуу кандай болду?
Менимче, тосо аламын.
Сиз дагы тосо аласыз деп ойлоймун.
11-БӨЛҮМ
КОФЕИН МЕНЕН ЖАШОО
Силерге тынчтык калтырып жатам, силерге Өз тынчтыгымды берип жатам. Менин силерге бергеним бул дүйнөнүн бергениндей эмес. Кайгырбагыла жана коркпогула.
КЕЛЕЧЕКТЕН БОЛГОН КОРКУНУЧ
Эх, эгерде биз жашоону өзүбүзгө бир чыны кофени буюртма бергендей буюртма бере алганыбызда кана! Сизге өзүңүздүн келечегиңиздин ингредиенттерин тандоо, аларды аралаштыруу жагат беле?
— Өтө ысык окуялардан көбүрөөк, коркунучтардан азыраак кошуп даярдап бериңиз, а мына жакшы ден соолукту болсо — эки эсе кошуңуз.
— Кофеини жок узак өмүр жана көп балалуулуктун бир тамчысы жетишерлик болот. Интеллектуалдуулуктан көбүрөөк, а оорулар болсо керек эмес.
— Мага десертке шоколад кошулган мокко бериңиз жана баарын кыла билүүчүлүктөн үч кашык кошулган болсун, сураныч. Ошондой эле, анда төлөмдөрдөн бир грамм да болбосуна көз салыңыз.
— Мага тезирээк грандиоздуу эспрессо бере салыңыз, сүйүүнүн каймагынан көп-көп кошуңуз жана — даамы толук болсун үчүн — Карибде өтө турган пенсияны да кошуп коюңуз.
О, мени
— Джо Джонс, мына, өзүңүздүн пенсияга мөөнөтүнөн эрте чыгууңузду алып коюңуз. Этият болуңуз, бул жерде жубайлык көйгөйлөр жана баалардын тездик менен өсүп кетүүсүнүн түрмөгү да болушу мүмкүн.
— Мэри Адамс, сиз университетте окууну жана балдарды буюртма бердиңиз эле. Окуу али даяр боло элек, а балдарды алсаңыз болот. Кош бойлуулугуңуз менен куттуктайм!
— Сюзи, мына сиздин кызыңыздын бүтүрүү кечесине жарым жыл калгандагы чет өлкөгө ысып-күйүп турган которулуусу. Буга бир тамчы тынчтыктан кошуп коеюнбу?
Жашоо — бүтүндөй күтүүсүздүктөрдөн турган кофеин. Тактоолордун. Пертурбациялардын. Өзгөрүүлөрдүн. Социалдык тепкичтен ылдый түшөсүң, кымбат квартирадан көчөсүң, жумуш орунуңду жаштарга бошотуп бересиң, андан кийин кайрадан тырмышып бир бийикке чыгасың. Кудум селкинчектегидей. Кээ бир өзгөрүүлөр жагат, кээ бирлери жакпайт. А сага дүйнөдөгү бардык нерсе токтоп калгандай сезилген сейрек мезгилдер болсо, анда сергек бол. 77 жаштагы бир аксакал жакында менин бир таанышыма минтип айтыптыр:
— Мен жакшы жашоодо жашадым. Мен азыр баарына ыраазымын жана келечекке оптимисттик менен карайм.
Бир канча жумадан кийин алар тарапта катуу куюн болуп, ал анын уулунун, келининин, небересинин жана келиндин апасынын өмүрүн алып кетти. Эмне болуп кетерин эч качан билбейсиң, туурабы? Биздин коркунучтарыбыздын тизмесинде көрүнүктүү орунду келечектен болгон коркунуч ээлеп турат. Биз өзүбүзгө кофеини жок жашоону буюртма бермекпиз, бирок биз ага ээ боло албайбыз. Ыйсанын шакирттери да ага ээ боло алышкан эмес.
«…Кетем…» (Жкн. 14:28).
Алар Ыйсадан бул сөздү угушканда таң калышканын элестетип көрүңүз. Ал бул сөздөрдү Пасах майрамынын башталышында, бейшемби күнү кечинде, үстүңкү кабаттагы чоң бөлмөдө айткан. Машайак жана Анын достору азыр гана окуяларга жыш толгон жуманын аягындагы кечки тамакты тынчтык менен жешкен болчу. Шайлоо штабында оптимизм үчүн бардык себептер бар болчу — Ыйса добушту мыкты чогултуп жаткан. Жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылды. Кыска үч жыл аралыгында эле Ыйсаны колдорунда көтөрүп жүрө башташты… Ал жөнөкөй калктын үмүтүнүн ишке ашуусу болуп калды.
Шакиртер өздөрү каалаган падышачылыктын орношу жөнүндө талкуулап жатышты, Ыйсанын келечектеги министрлер кабинетинен өздөрүнө орун алганга жетишиш үчүн, асмандан кайсы душманга болбосун ок жаадырганга даяр турушту. Алар Ысрайылдын мурдагы даңкынын кайтып келишин алдын ала көрүп жатышты. Эми рим аскерлери деген болбойт, эч кандай бөтөн жерликтердин эзүүсү болбойт. Бул — эркиндикке карай ташталган марш жана Ыйса аны башкарат.
Эми эмне болду? Ыйса: «Кетемин», — деп айтты. Бул алардын акылына сыйбай калды. Ыйса: «Ал эми Менин кайда бара жатканымды, ал жакка алып баруучу жолду силер билесиңер», — деп түшүндүрүп бергенде, Томас эч билбестик менен: «Теңир, Сенин кайда бара жатканыңды билбесек, ал жакка алып баруучу жолду кайдан билмек элек?» — деп жооп берди (Жкн. 14:4–5).
Ыйса шакирттерине радикалдуу өзгөрүүлөрдүн чөйчөгүн сунду, алар болсо аны кайтарып бергенге аракет кылышты. Биз да дал ушундай кылар белек? Бирок бул кимдин колунан келди эле? Ким жашоодон эч бир күтүүсүздүккө кабылбастан өткөн? Эгерде өзгөрүүлөрдү каалабасаңыз, газдалган сууну куюп бере турган автоматка барыңыз — аларды ошол жерден гана жолуктурууга болот. Сулайман кандай тыянакка келгени эсиңиздеби?
Мен бул жерден адамдын өмүрүндөгү жыйырма сегиз убакытты эсептедим. Төрөлүү, өлүм, кайгы, кубаныч, сүйүү, жек көрүү, биригүү жана ажырашуу. Кудай жашоону дагы космосту башкаргандай жайгаштырат. Кеп жердеги жыл мезгилдери жөнүндө болуп жатканда, биз Кудайдын башкаруу принциптерин түшүнө алабыз. Жаратылышка эс алыш үчүн кыш керек, ойгонуш үчүн жаз керек. Биз жазында ачылган бүчүрлөрдү көргөнүбүздө жер астындагы бомбадан калкалануучу жайга кире качпайбыз. Күзүндө түшкөн жалбырак САК нүн сиреналарын жагыш керек дегенди билдирбейт. Жыл мезгилдеринин алмашуусу биздин жашообуздагы күтүлбөгөн өзгөрүүлөрдөн айырмаланып, биздин тынчыбызды албайт. Мындай өзгөрүүлөр пайда кылган дүрбөлөңдү караганыбызда, Айовага биринчи ядролук бомба түшүптүр деп ойлоого болот.
— Жаныңарды сактап калгыла! Эртең алгебрадан текшерүү иши болот!
Директорлор совети азыр гана бизге жаңы башчыны дайындады. Баарыңар жашынгыла!
Аялдар менен балдарды автобустарга отургузуп, тез түндүккө жөнөп кеткиле. Биздин универмаг ремонт үчүн жабылды!
Өзгөрүүлөр биздин жашообузду силкинтип салат, анан ошондо Кудай бизге биздин туруктуулугубузду кайтарып бере турган кимдир бирөөнү жөнөтөт. Өлөрүнүн алдында Ыйса Өзүнүн жолдоочуларына мындай убаданы берген: «Менин ысымым урматына Атам жибере турган Сооротуучу, Ыйык Рух, силерге баарын үйрөтөт жана Мен айткан сөздөрдүн баарын эсиңерге салат. Силерге тынчтык калтырып жатам, силерге Өз тынчтыгымды берип жатам. Менин силерге бергеним бул дүйнөнүн бергениндей эмес. Кайгырбагыла жана коркпогула» (Жкн. 14:26–27).
Мектептен кетип жаткан мугалим окуучуларына жаңы келген мугалимди тааныштырып жаткандай, Ыйса бизге Ыйык Рухту тааныштырып жатат. Бул рекомендациялар кандай сонун угулат! Ыйса Ыйык Рух анын орун басарын айтып жатат. Ал Машайактын аты үчүн келет, ошондой бийлиги жана кудурети болот. Ошол күндөн бир аз мурдараак Ыйса минтип айткан: «Мен Атамдан өтүнүп сурайм, Атам силерге башка Сооротуучуну, чындык Рухун берет: Ал түбөлүк силер менен болот…» (Жкн. 14:16).
«Башка Сооротуучу». Бул эки сөз тең бизге анча түшүнүктүү эмес. Ыйса жашаган доордо грек тилинде болжол менен «башка» деген сөздү билдире турган эки башка сөз болгон. Бирөөсү тар мааниде болчу «башкача, таптакыр мындай эмес» деген; экинчиси болсо — «экинчиси, дал ушунун өзүндөй» деген сөз. Ыйса Атам «башка Сооротуучуну» берет деп убада берип жатканда, экинчи сөздү, атап айтканда, «дагы бир Сооротуучуну» башканы эмес, дал ушундайды деген сөздү колдонгон.
Бул маанилүү айырмачылык. Мисалы, сиз автобуста китеп окуп бара жатасыз. Кимдир бирөө сиздин жаныңызга отуруп, кокусунан эле, сиз кайсы китепти ушунчалык кызыгуу менен окуп жатканыңызды сурап калат. Сиз минтип жооп бересиз:
— Бул китепти Макс Лукадо жазган. Окугуңуз келсе — алыңыз. Менде үйдө
«Дагы бирөө» деп айтканыңызда, сиз — «башка дагы кайсы бир китеп» жөнүндө айтып жатасызбы? Айталы, ашпозчулук жөнүндөгү китепти, детектив же, аялдардын романынбы? Жок! Албетте, бейтааныш аялга кичи пейилдик менен белек кылган китептин дал өзүндөй китепти айтып жатасыз. Эгерде сиз аны менен грек тилинде сүйлөшкөн болгонуңузда, сиз жакшы кабарчы Жакан Ыйсанын бул убадасы жөнүндө жазган китепте колдонгон —
А ким Биринчи болгон? Ыйса. Ушундай жол менен, Ыйса шакирттерге муну ишендирип айтып жатат: «Мен кетемин. Силер үчүн жаңы мезгилдер келе жатат, жаңы барак ачылып жатат. Көп нерсе өзгөрүлөт, бирок бир нерсе мурдагы бойдон кала берет — Менин силер менен болгонум. Силер менен
«Сооротуучу» катары которулган сөздү «Дос», «Жардамчы», «Коргоочу», «Кам көрүүчү» ж. б. у. с. сөздөр менен которуп жүрүшөт. Мунун баары — байыркы грек тилиндеги
Ыйсанын шакирттерине ушундай колдоо канчалык керек болгонун сезип жатасызбы? Бул бейшемби күндүн кечи, айкаш жыгачка кадалардан бир күн мурдагы кеч болчу. Жума күнү эртең менен алар Ыйсаны таштап кетишет. Эртең мененки чайды иче турган убакыт болгондо, алар алыскы бурчтарга жана жылчыктарга качып кирип кетишет. Саат тогузда римдик аскерлер Ыйсаны айкаш жыгачка кадашат. Эртең, бир суткадан азыраак убакыттан кийин, Ал өлөт жана мүрзөдөгү үңкүргө коюлат. Алар үчүн бүт дүйнө астын-үстүн болуп кетет. Машайак аларды ишендиргиси келет: алар эч качан жанында Анын жардамын сезбей туруп, келечекти карашына туура келбейт.
Сиз сыяктуу эле. Сиздин жаныңызда сиздин Жолоочуңуз кошо баратат.
Сизде өзүңүздүн Пат Макгратыңыз бар. Пат — менин велосипед экзерсистеримдеги досум. Бир канча жыл мурда мен ырахат үчүн жана физикалык көнүгүүлөр үчүн велоспорт менен алектенүүнү чечкенмин. Мен өзүмө шлем, кол каптарды жана жарыш велосипедин сатып алдым. Педалдын шатысындагы тамандарын бекемдеп, айдап жөнөдүм — биринчи дөбөчөдө эле өлүп кала жаздадым. Карыган, ашыкча салмагы бар адамдар үчүн ар бир дөбөчө Эверест болуп калат экен. Жалпысынан алганда, ири дөбөлөр мени таптап, ээрден алып жыгып жаткандай болду — үйүмө велосипедимди жетелеп алып келдим.
Пат менин жаңы кызыгуум жөнүндө угуп, чогуу тебели деген сунушун киргизди. Ал үчүн велосипед тебүү дем алганга караганда да маанилүүрөөк болчу. Чынында, ал үчүн велосипед тебүү менен дем алуу — бир эле нерсе. Эгерде анда жоопкерчиликтүү жумушу жана беш баласы болбогондо, «Тур-де-Франс» веложарыштарында дагы бир америкалыктын атагы чыкмак. Анын буттары поршендей иштейт, а жүрөгү болсо — дизелдүү мотор. Мен ага ири дөбөлөрдү жана каршыдан соккон шамалды айтып ыйлактадым, ал болсо мага: «Менин дөңгөлөгүмө отурсаң болот», — деп сунуш кылды.
«Дөңгөлөккө отуруу» — буксирде кетүүнүн дал өзү. Биз Пат экөөбүз каршыдан соккон шамалдын агымына кабылганыбызда, мен дароо анын артына жашына калам, мүмкүн болушунча жакыныраак тээп алам. Менин велосипедимдин алдыңкы дөңгөлөгү менен анын арткы дөңгөлөгүнүн ортосундагы аралык бир футтан ашпайт. Ал агымды кесип өтөт, өзүнөн кийин мейкиндик калтырат, бул менин алдыга жылышымды жеңилдетет. А бизге ири дөбөлөр туш келгендечи? Моюнга алуудан бир аз уялам, бирок Пат алаканы менен менин далымдан түрткөнгө көнүп калды.
А сизге ушундай дос керек болду беле? Андай дос сизде бар! Сиз Машайакка ишенип калаарыңыз менен, Ал сизге Рух берет, ошол Рух сизди түртүп турат, сиздин ичиңизде болот. Кандайдыр бир рухту эмес, а
Кудай сизге бир апа өзүнүн Тимми деген уулуна мамиле кылгандай мамиле кылат. Биринчи класстагы уулуна мектепке жалгыз бара турганы жөнүндөгү ой таптакыр жаккан жок. Бирок ал апасынын колун кармап баргысы келчү эмес, анткени өзүн чоң эле жигит сезчү.
— Анан да, — деди Тимми, — мен досум менен барамын.
Апасы өзүн кармаганга аракет кылды, болгону ар бир күнү эрте менен жыйырма экинчи забурдагы саптарды окуп берди: «…Береке менен ырайым мени өмүрүмдүн аягына чейин коштоп жүрсүн…»
Бир жолу анын акылына эң мыкты ой келди. Ал кошунасынан эрте мененки убактарда Тимминин мектепти көздөй кеткен жолу тарапта, ал байкап калбай тургандай кылып, аны алыстан карап сейилдешин суранды. Кошуна аял чын жүрөгүнөн макул болду. Ал ансыз деле ар күнү эрте менен өзүнүн үч жашар кызын сейилдөөгө алып чыкчу.
Бир канча күндөн кийин, Тимминин досу кошуна аялды байкап калды, ал дагы эле кичинекей кызын колунан кармап алыптыр, анан андан сурады:
— Күн сайын ким биздин артыбыздан мектепке чейин барып жатканын билесиңби?
— Албетте, билемин, — деди Тимми. — Бере Ке өзүнүн Ыр Айымы менен кошо.
— Ким-ким?
— Апам мага ар күнү эрте менен жыйырма экинчи забурдан окуп берет — «Бере Ке менен Ыр Айым мени өмүрүмдүн аягына чейин коштоп жүрсүн». Болгону ага көнүгүш керек.
Сиз дагы көнүшүңүз керек. Кудай эч качан сизге өзүңүз жалгыз бара турган жолду көрсөтпөйт. Сиз өзгөрүүлөрдүн босогосунда турасызбы? Жашооңуздагы жаңы баракты ачканы турасызбы? Дарактардын бутагында эмне турат — жаңы жыл мезгили келе жаткан жокпу? Асман сизге анык белгилерди берет: бардык нерсе өзгөрүлүп турат, бирок Кудайдын сиз менен бирге болуусу эч качан өзгөрүлбөйт. Сиз өз жолуңузда Ыйык Рухтун коштоосунда барасыз, Ал «силерге баарын үйрөтөт жана Мен айткан сөздөрдүн баарын эсиңерге салат» (Жкн. 14:26).
Ошондуктан сизге эмне жолукпасын, баары менен ынтымакта болуңуз.
Муну кабыл алыңыз. Келе жатканга кучагыңызды ачыңыз. Буга каршылык көрсөтпөңүз. Өзгөрүүлөр — биздин жашообузду түзгөн качып кутулгус нерсе эмес, Кудайдын кыла турганын түзгөн качып кутулгус нерсе. Дүйнөнүн өзгөрүшү үчүн Анын колундагы курал болушубуз үчүн, Ал биздин статусубузду өзгөртүп турат. Мына Гедеон — жер ээси болчу эле, аскер башчысы болуп калды. Мариям — айылдык кыз, Кудайдын энеси болуп калды. Пабыл — жергиликтүү раввин эле, бүт дүйнөнүн насаатчысы болуп калды. Кудай бардык бир туугандары жек көргөн кичүү инини Египеттин башкаруучусу кылып койду. А койчу Дөөттү болсо Ысрайылдын падышасы кылып майлады. Петир Галилей деңизинде балыкчы болгону жаткан. Кудай аны биринчи жыйындын башчысы болууга чакырды. Кудай көп нерсени өзгөртөт.
Бирок баары бир, — деп сурашы мүмкүн кимдир бирөө, — Кудай болуп өтүшүнө жол берген трагедиялуу өзгөрүүлөрчү? Кээ бир окуялардын таптакыр мааниси жок. Жашоо мозаикасында майып баланын төрөлүшү же кыйратуучу цунаминин кандай орду бар? Же болбосо компания жумуштан бошоткондо, атасы жумушсуз калганда… мындай окуялардын дагы өзүнүн мааниси барбы?
Ооба, эгерде түбөлүктүүлүктүн көз карашы менен карай турган болсок, өз мааниси бар. Бул жашоодо маанисиз болуп көрүнгөн нерсе келечектеги жашоодо терең мааниге ээ болуп калышы мүмкүн. Менде далилим бар — сиздин энеңиздин ичинде болгон жашооңузду алып көрөлү.
Мен билемин, ал мезгил сиздин эсиңизде анчалык деле калган эмес, ошондуктан ошондо сиз менен эмне болуп өткөнүн айтып беришиме уруксат бериңиз. Ал жердеги ар бир күн сизди жердеги жашоого даярдаган. Сиздин сөөктөрүңүз бекемделген, көздөрүңүз калыбына келген, сиздин өсүп келе жаткан денеңиз киндик аркылуу азык заттарды кабыл алган… эмне үчүн? Сиз жатында кала беришиңиз үчүнбү? Таптакыр жок! Эненин курсагындагы жашоо сизди жер бетиндеги жашоого даярдаган, төрөлгөндөн кийин өз алдынча жашап кеткенге көндүргөн.
Сиздин жаралып жатканыңыздын кээ бир өзгөчөлүктөрү таптакыр мааниге ээ эмес болчу. Мисал үчүн, сизде мурунуңуз бар болчу, бирок сиз дем алчу эмессиз. Көзүңүздү болсо ачкан деле эмессиз, анткени сиз ал жердеги караңгылыкта эмнени көрмөк элеңиз? Сиздин тилиңиз, тырмактарыңыз, башыңыздагы чачыңыз апаңыздын курсагында жатканыңызда сизге таптакыр керек болгон эмес. Бирок азыр эми алар сизде болгонуна кубанычта эмессизби?
Бул жашоодогу кээ бир барактар жана бүтүндөй бөлүмдөр таноолор түйүлдүк үчүн пайдасы болбогон сыяктуу, биз үчүн пайдасыз сезилет. Азаптар. Жалгыздык. Оорулар. Муссондор (Океандын жана материктин четинде пайда болгон катуу шамалдар). Эгерде бул дүйнө туш тарабыңдан каптаган бакыттан гана турат деп эсептей турган болсок, анда мындай кемчиликтер ал үчүн фаталдуу болуп эсептелет. Бирок эгерде жер — эненин ичине окшош болсочу? Бул сыноолор, алар канчалык каардуу болбосун, бизди келечектеги жашоого даярдаш үчүн, ал үчүн керек болгон нерсенин баарын бериш үчүн кызмат кылбайбы? Пабыл жазгандай, «Башыбыздан өткөрүп жаткан убактылуу, анча оор эмес кыйынчылыктарыбыз түбөлүктүү даңкты эбегейсиз көп жаратат» (2 Кор. 4:17).
Түбөлүктүү даңк. Ошондон мага көбүрөөк бериңизчи, сураныч. «Кудайдын катышуусундагы бүтпөгөн кубанычтын чоң порциясын бериңизчи. Көбүрөөк кереметтерди, жан дүйнөлүк азаптар болсо керек эмес». Келиңиз да, буюртма бериңиз. Буфетчи Өз ордунда. Сиз түшүнүп тургандай, бул сиздин кийинки чөйчөгүңүз болушу мүмкүн.
12-БӨЛҮМ
ШЕКТЕНҮҮНҮН КӨЛӨКӨСҮ
Бирок Ыйса аларга: «Эмне коркуп кеттиңер? Эмнеге шектенип жатасыңар? — деди
КУДАЙ ЖОК ДЕГЕН КОРКУНУЧ
Вуди Аллен түнкүсүн уктай албайт. Ал — тынчсыздана берген адам. Коркунучтар жетимиш жаштагы кинорежиссерду уктабаганга мажбурлайт. Анын уялчаак манерасына жана жумшак жылмаюусуна карап, аны таптакыр андай деп ойлобойсуң. Ал кайсы бир идеалдуу, жайдары жана кичи пейил чоң атадай көрүнөт. Бирок ичинде, ушул сырткы көрүнүштүн астында, аны коркунучтун анакондасы жутуп жатат.
Аны боштук өлтүрүп жатат. Тескери сапаттары менен баарына белгилүү болгон атеист, Аллен жашоого «маанисиз бүлбүлдөө» катары карайт. Кудай жок, максат жок, өлгөндөн кийин жашоо жок, ага ылайык, ага чейин деле жашоо жок. «Мен, чынында, өмүрдү өлүмдөн артык көрүш үчүн, ишенимдүү себепти таба албадым, — деп мойнуна алат Аллен, — менин өтө коркконумду кошпогондо… Бардык поезддер бир линия боюнча жүрөт. Алардын баары таштандыга кетет».
Ошондуктан ал алагды болуш үчүн өзүнүн фильмдерин тартат. Он жылдардан бери ал эч токтоосуз жылына бир фильмден тартып келе жатат. «Мен бир нерсе менен алек болушум керек, ошондуктан мен картинага толугу менен карабаймын»[52].
Дүйнөдө Вуди Аллендин коркунучтары кол жеткис болгон бирөө жарым бар деп ойлойм. Ал Кудайдын дүйнөсүндөгү Кудайдын бар экенинен жана Анын ырайымынан эч качан шектенбеген бирөө болсо керек. Бирок бул китепти ошондой адам жазып жаткан жок.
Менин коркунучтарым да вуди-аллендин коркунучуна окшоп, үстүгө калкып чыгып калууну артык көрөт, көбүнчө жекшемби күнү эрте менен. Мен эртең менен эрте менин үй-бүлөм кыймылдай электе ойгоном, эң алгачкы күн нуру жарыгын төгөт жана эрте мененки гезиттер кутуга ташталат. Бардык дүйнө уктап жатат, бирок мен эмес. Ар бир жекшемби — менин жашоомдогу улуу күн, жаңы ишенимге жана үмүткө ээ болуш үчүн, мен жыйынга келгендердин алдында өз убакытымдын жарым саатын кетиргенге даяр болуп турамын.
Адатта, менин күчүм толугу менен жетет. Бирок дайыма эле ушундай боло бербейт (бул кабар сизди тынчсыздандырып жаткан жокпу?). Кээде эрте мененки күүгүмдө насааттын алдындагы бул сааттарда мени мен өзүм ишенген нерсенин анык абсурд экени каптап калат. Өзгөчө, бир Пасах майрамы эсимде калган. Мен насааттын сөзүн лампанын жарыгында караганымда, тирилүү жөнүндөгү кабар жакшы кабардагы чындык эмес, мифтей, эл оозунда айтылып жүргөн имиштей сезилип кетти. Мүрзөнүн оозун жапкан таштын үстүндөгү периштелер; кепиндер керек же керек эмес; өлгөн адамдан корккон аскерлер; өлгөн, андан кийин жер бетинде басып жүргөн Ыйса. Мен кийинки барактан «Кереметтер өлкөсүндөгү Алиса» жана жети эргежээл жөнүндөгү жомоктогу акылсыз Калпакчы секирип чыгып келчүдөй сезимде болуп кеттим. Сизге жасалма нерседей сезилип жаткан жокпу?
Мага кээде ошондой сезилет. Ошондо мен Вуди Аллен менен анын коркунучтарын бөлүшөмүн — Кудай жок деген коркунучту. «Эмне үчүн?» деген суроонун жообу жок деген коркунучту. Максатсыз жана маанисиз өмүрдүн алдындагы коркунучту. Азыр бизде болгон коркунуч канчалык мүмкүн болсо ошончолук жакшы, а башка бир нерсеге ишенген ким болбосун, жөн эле Муз океанынын түштүк жээгинде күнгө күйүүгө камынып алган. Коркунучтуу, унчукпас, жан дүйнөнү тоңдурган өрөөндөгү жалгыздыктын көлөкөсү, ал туман кайсы бир жакка жоголуп жатат.
Шектенүүнүн көлөкөсүнүн өрөөнүндө.
Балким, сизге анын бозомук карааны тааныш чыгар?
Анда…
• ыйык китептеги баяндоолор Эзоптун тамсилдерине окшош;
• сыйынуулар жаңырык болуп артка кайтып келет;
• бардык адеп-ахлактык чектөөлөр ичке пунктир менен өткөрүлөт;
• ишенгендер кез-кези менен бирде бооруңду оорутса, бирде көз артууну жаратат — кимдир бирөө өзүн-өзү алдап жаткандай, бирок ким?
Бул же тигил өлчөмдө биз баарыбыз бул өрөөнгө кирип турабыз. Бул же тигил көз ирмемде биздин баарыбызга андан эвакуация болуунун планы керек. Мага өз планымды сунуш кылышыма уруксат этиңиз. Жекшемби күнкү эрте мененки сааттардагы ошол шектенүүлөр Лука жазган Жакшы Кабардын жыйынтыктоочу беттеринде жазылган ишенимдин булагынын жардамы менен тарап кетет. Тарыхчы болуп калган дарыгер акыркы бөлүмдү бир суроонун жообуна арнаган: биз Андан шектенгенибизде Машайак бизге эмне деп жооп берет?
Лука бизди ошол эле Иерусалимдеги «үстүңкү кабаттагы чоң бөлмөгө» алып барат. Бул — жума күнү айкаш жыгачка кадалгандан кийинки жекшембинин таңы. Ыйсанын шакирттери баары чогулушту, бирок дүйнөнү өзгөртүш үчүн эмес, андан жашыныш үчүн чогулушту. Бул жерде Жакшы Кабарды таратуучулар эмес, а корккон эркектер чогулду. Алар өздөрүнүн үмүттөрүнүн баарын өлгөн жыгач устанын денеси менен кошо көмүп коюшту. Зор баатырдыкты жөжөлөрдүн уясынан, чоң бекемдикти медузадан табууга болот. Эр жүрөк ишенимдичи? Ал бул жерде эмес. Бирок бул эркектердин жүзүнөн чечкиндүүлүктүн шооласын, кайраттуулуктун бир аз тамчысын издөө — болбогон иш.
А мына бул аялдардын жарык жүзүнө карай турган болсоңуз, сиздин жүрөгүңүз алардын жүрөгү сыяктуу кубанычтуу согуп жиберет. Луканын аңгемесинде алар өздөрү менен кошо бөлмөгө таңдын жарыгын ала келишкен, Ыйсаны көрүшкөнү тууралуу айтып келишкен.
Алар мүрзөдөн кайтып келишип, мунун баарын он бир шакиртке жана башкаларга кабарлашты. Муну элчилерге айткандар магдалалык Мариям, Жахана, Жакыптын энеси Мариям жана алардын жанында жүргөн башка аялдар эле. Элчилер аялдарга ишенишкен жок, бул сөздөр аларга куру сөздөй сезилди.
Мезгил-мезгили менен Машайактан шектенип турсаңыз, муну өзүңүзгө белгилеп алыңыз жана аны менен кошо кайраттуулукка ээ болуңуз. Ыйсанын Өзүн көргөн шакирттеринде дагы шектенүүлөр болгон. Бирок Машайак аларды чечилбеген суроолордун жалгыздыгына таштап койгон эмес. Ал, көрсө, табытта жаткан өлүк эмес экен. Эмауска бара турган жолдо эки шакиртин көрүп…
…Ыйса жакын келип, аларга кошулду. Бирок алардын көздөрү жабылып калгандыктан, Аны таанышкан жок. Ыйса алардан: «Силер эмне жөнүндө сүйлөшүп келе жатасыңар, эмнеге капалуусуңар?» — деп сурады.
Бул иш үчүн периштелер туура келмек эмес, анткени кимди жиберсе да жетиштүү болмок эмес, бардык асман аскерлери жеңип чыга алмак эмес. Ыйса жардамга жеке Өзү шашылган.
Ошентип, Ал шакирттеринин ишенимин кантип бекемдеген? Анын карамагында миңдеген каражаттар болгон. Жума күнү айкаш жыгачка кадалганда жер титиреген жана күн караңгылаган. Матай жазган Жакшы Кабарда «мүрзөлөр ачылып, ыйык маркумдар тирилишти. Алар мүрзөлөрүнөн чыгып, Ыйса тирилгенден кийин, ыйык шаарга кирип, көп адамдарга көрүнүштү» — деп айтылган (Мт. 27:52–53). Ыйса алардын кимдир бирөөсүн Эмауска бара жаткан жолдогу шакирттер менен сүйлөшүп коюуга чакыра алмак. Же болбосо акыркыларын бош табытка экскурсияга жөнөтүп койсо болмок. Мындай учурда Ал таштарды сүйлөтүп, анжыр жыгачына — джигуну бийлетип кое алмак. Бирок Машайак мунун бирин да кылган жок. Анда Ал эмне кылды? Ыйса ««Тоорат», «Пайгамбарлар» жана «Жазмалар» китептеринде Өзү тууралуу айтылгандардын баарын түшүндүрүп берди» (Лк. 24:27).
Ооба-ооба, сиз эмне деп ойлодуңуз эле? Машайак жекшембилик мектепте Ыйык Китепти үйрөтүү боюнча сабак өтүп жатат. Ал Эмаусту көздөй бара жаткандарга Эски Осуяттан, Мусанын китебинен баштап (Башталыштан — Мыйзамды кайталоого чейин), Ышайанын, Амостун жана башкалардын пайгамбарчылыктарына чейин киришүү курсун окуп берет. Эмаусту көздөй кеткен чыйыр жолду Ал ыйык китепти изилдөөчү жолго айландырат, буларга токтолот… Кызыл деңиздин экиге бөлүнгөнүнөбү? Жерихон дубалдарынын кыйраганынабы? Дөөттүн өз курун чечкенинеби? Жок, Устат өзгөчө көңүлдү Өзү жөнүндө Ыйык Жазууда эмне деп айтылганына бурду. Ыйсадан көп сандаган ыйык китептеги фигуралардын саны сиз ойлогондон көбүрөөк чыгып турат. Ыйса Нух сыяктуу адамзатты өлүмдөн куткарып калат; Ыбрайым сыяктуу жаңы элдин атасы; Ыскак сыяктуу курмандык чалынчу жайга өзүнүн атасы тарабынан жиберилген; Жусуп сыяктуу күмүш тыйынга чыккынчылык менен сатылып кеткен; Муса сыяктуу кулдарды эркиндикке чыгууга чакырган; Нундун уулу сыяктуу убадаланган жерди көрсөткөн.
Ыйса «Мусадан баштап бардык пайгамбарлар китептерине чейин аларга түшүндүрүп берген». Машайак эски осуяттагы жазуулардан цитата келтирип жатканын көз алдыңызга келтире аласызбы? Ыш. 53 — бөлүмдөгү аят мындай угулганбы: «
Бул мезгилде Ыйса жана анын шакирттери таштуу дөбөлөрдөн өтүп, жыпар жыттуу жашыл өрөөнгө, зайтун майы жана мөмө-жемиштүү гүлдүү дарактарга, түндүк-батышка келип калышкан болчу. Иерусалим өзүнүн азаптары жана кан төгүүсү менен артта калды, бул кызыктуу маектешүүдөн кийин таптакыр унутулуп калган эле. Жети милдик саякат эрте мененки жеңил жүгүрүүдөй эле сезилди. Мүнөттөр абдан тез өтүп жатты, анткени шакирттер көбүрөөк уккусу келген эле. «Алар өздөрү бара жаткан айылга жакын келип калышканда, Ыйса аларга андан ары жолун улантчудай түр көрсөттү. Бирок алар: «Биз менен кал, күн да батайын деп калды», — деп, Аны калууга аргасыз кылышты. <…> Алар менен чогуу дасторконго отурганда, Ал колуна нан алып, Кудайга ыраазычылык билдирди да, аларга сындырып берди. Ошондо алардын көздөрү ачылып, Аны тааный коюшту. Бирок Ыйса аларга көрүнбөй калды» (Лк. 24: 28–31).
Ыйса окутту жана нан сындырды, андан кийин июль айында таң эрте менен түшкөн туман сыяктуу изсиз жоголуп кетти. Шакирттер дагы ордунда отуруп калышкан жок. Сындырылган нанды калтырып коюшуп, өздөрүнүн аткарылган кыялдарына кубанышып, Иерусалимге шашыла жөнөштү, ал жерден дароо элчилерге барышты. Өзүнүн жаңылыктары менен шашылыш түрдө жана чаржайыт бөлүшүшкөн алардын сөзү Ыйсанын Өзүнүн күтүүсүздөн пайда болушу менен үзүлүп калды.
Алар ушул жөнүндө сүйлөшүп жатышканда, Ыйса Өзү алардын ортосуна туруп калды да, аларга: «Силерге тынчтык!» — деди. Катуу коркуп кеткен алар: «Элес көрүп жатабыз го», — деп ойлошту. Бирок Ыйса аларга: «Эмне коркуп кеттиңер? Эмнеге шектенип жатасыңар? — деди.
(Шашылышта бул жерде белгиленген коркунуч менен шектенүүнүн ортосундагы байланышты өткөрүп жибербеңиз. Шакирттер өздөрүнүн жоопсуз калган суроосунан азап чегип калтырап жатышат. Машайакты баарынан көп бизди эч нерсе коркутпашы керектиги көбүрөөк кызыктыраары тууралуу таптакыр таң калыштуу эмес.)
Менин колдорумду, буттарымды карагылачы: Бул Мен, Өзүммүн. Мага колуңарды тийгизип көргүлө, элестин денеси да, сөөгү да болбойт, бирок өзүңөр көрүп тургандай, Менде бар», — деп, аларга колу-бутун көрсөттү.
Алар бир чети кубанып, бир чети таң калып, көргөн көздөрүнө ишене албай турушканда, Ыйса алардан: «Бул жерде силердин жей турган бир нерсеңер барбы?» — деп сурады. Ошондо алар Ага бир кесим куурулган балык беришти. Ыйса аны алып, шакирттеринин көзүнчө жеди.
Андан кийин Ыйса аларга мындай деди: «Силер менен бирге жүргөнүмдө, Мен силерге «Тоорат», «Пайгамбарлар» жана «Забур» китептеринде Мен тууралуу жазылгандардын бардыгы орундалышы керек деп айтпадым беле». Ошондон кийин Ыйык Жазууну түшүнүшү үчүн, Ыйса алардын акылын ачты.
Шакирттер Теңирге табынып тизе бүгүп калуу керекпи, же көрүнгөн элестен качып кетүү керекпи, билбей калышты. Кимдир бирөө болуп өткөн окуя чын болушу мүмкүн эмес деп чечип койду жана рухтар жөнүндө кеп баштады. Ыйса бул сөздөргө басынып калса болмок. Акыры, ал аларды куткарып алыш үчүн тозокко түшүп чыкпадыбы, а алар болсо Аны менен Каспер аганын ортосундагы айырмачылыкты билбей жатышпайбы? Бирок ар дайым шектенүүчүлөргө чыдамдуу мамиле кылган Ыйса алгач биринчи колун, андан кийин экинчи колун сунду. Анан Өзүнө кол тийгизип көрүүлөрүн сунуш кылды. Ал алардан жегенге тамак сурады жана куурулган балыкты жеп, бүгүнкү күндөгү семинардын экинчи бөлүгүн баштады. «…Силер менен бирге жүргөнүмдө, Мен силерге «Тоорат», «Пайгамбарлар» жана «Забур» китептеринде Мен тууралуу жазылгандардын бардыгы орундалышы керек деп айтпадым беле. Ошондон кийин Ыйык Жазууну түшүнүшү үчүн, Ыйса алардын акылын ачты» (Лк. 24: 44–45).
Биз бир тенденцияны таптык, аны сезип жатасызбы?
• Ыйса Эмаусту көздөй бара жаткан шакирттерин алар азыр гана жакын досун көмүп келе жаткандагыдай абалда көрөт. Ыйса аларга шашыла басып жетип келгенби же асмандан түшө калганбы — биз муну билбейбиз. Ал Эдем багы жана Башталыш китеби жөнүндө кеп баштайт. Андан ары, сиз билгендей, дасторкон жайылат, алардын жүрөгү кубанычка толот, көздөрү болсо ачылат.
• Ыйса иерусалимдик чоң бөлмөдө отурган коркок шакирттерине билдириш үчүн келет. Бирок асмандан учуп түшүп келген Суперменге окшоп эмес, байкаңыз. Жөн гана бетме-бет келип, Менин жарааттарымды кармап көрсөңөр болот деп келди. Тамак даяр, Ыйык Китеп үйрөтүлүп жатат, шакирттер кайраттуулукка ээ болушат, а биз болсо биз үчүн критикалык маанилүү болгон суроого практикалык жоопту табабыз: Машайак бизге өз шектенүүлөрүбүздү жоготууну кантип үйрөтөт?
Анын жообу кандай? Жооп — Менин денеме кол тийгизип көргүлө жана Мени менен эмне болгонун ойлонуп көргүлө.
Анан биз, билесизби, азыр дагы муну кыла алабыз. Биз мурдагыдай эле, Машайактын Денесине колубузду тийгизе алабыз. Биз мурдагыдай эле, анын жарааттарына, Анын денесине колубузду тийгизип көргүбүз келет. Бул — Машайактын Жыйыны, «Жыйын — Анын Денеси, бардыгын бардык жагынан Толтуруучунун толуктугу» (Эф. 1: 23).
Шектенүүлөр бизди элден качып жалгыз жашаган адамга айландырып салат, жашынганга мажбур кылат. Бирок үңкүрдө жооп жок. Машайак эр жүрөктүүлүктү бизге биримдик аркылуу берет, Ал биздин бири-бирибиз менен болгон баарлашуубуз аркылуу шектенүүлөрүбүздү таратып жок кылат. Ал эч качан бардык билимди бир эле адамга берип койбойт, бирок аны мозаиканын кесиндилери сыяктуу көптөгөн бир туугандарга бөлүштүрүп берет. Сиз өзүңүздүн түшүнүктөрүңүздү менин түшүнүктөрүм менен бириктиргениңизде, биз ачылыштарыбыз менен бөлүшөбүз… Биз чогулганыбызда аралашабыз, күнөөлөрүбүздү мойнубузга алабыз жана сыйынабыз — Машайак биз менен сүйлөшөт.
Шакирттердин кылганы биз үчүн үлгү. Алар баары чогуу болушкан. Атүгүл, үмүттөрүн жоготуп койгон кезде дагы, баарлашуу үчүн чогулушкан. Алар «жолдо ушул окуяларды талкуулап, сүйлөшүп бара жатышкан» (Лк. 24: 14). Бул Жыйындын образы эмеспи — жалпы баарлашуу, идеялар менен алмашуу, мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө, рухтун көтөрүлүшү? Алар ушуну менен алек болуп жатышканда, аларды окутуш үчүн, чынында эле «кайсы жерде Менин ысымым үчүн эки же андан көп адам чогулса, Мен да ошол жерде, алардын арасындамын» дегенди далилдөө менен алардын арасында Ыйса пайда болду (Мт. 18: 20).
Алар менен сүйлөшкөндө Ал аларга Өзү жөнүндө айтып берди. Шектенгендер үчүн Кудайдын айыктыруусун Анын Сөзүнөн табууга болот. «Демек, ишеним уккан сөз аркылуу пайда болот, ал эми уга турган сөз — Кудайдын сөзү» (Рим. 10: 17). Ошондуктан аны уккула.
Джек уккандай уккула.
Биз бөлүмдү бир атеист жөнүндөгү аңгеме менен баштадык. Ал эми бул бөлүмдү башка адамдын окуясы менен аяктасак болобу? Джек өзүнүн өмүрүнүн биринчи жарымын кайсы бир таң каларлык окуя менен салыштырып мүнөздөгөн, ал ага жаш кезинде туш болгон болчу. Ал «шиши бар чуулгандуу кашаалардын жана мунаралардын» көрүнүшү көз алдына кандай ачылаарын алдын-ала элестетип, билим алыш үчүн Оксфорд университетине барат. Мына, ал бара жатты, бара жатты, бирок бет алдынан эч кандай университеттик архитектураларды көргөн жок. Артына бурулганда гана, бул убакыт ичинде максатынан алыстап кеткенин, туура эмес багытты тандап алганын түшүндү. Отуз жылдан ашуун убакыттан кийин ал минтип жазган: «Мен ошондо бул кичинекей окуя менин бүтүндөй жашоомо аллегориялык мааниде кызмат кыла турганын билген эмесмин».
Джек Кудай жок деген көз карашын бекем карманган атеист болгон — анткени Кудай биз адамзаттын жашоосу деп атаган бактысыздыктын артында тура алмак эмес. Өзүнүн дүйнөгө болгон көз карашын ал Лукрецийдин эки сап ыры менен билдирген:
Кудайдан бурулуп кеткен Джек академиялык сабактарга көңүл койгон. Ал өзү кайрылган ар бир тармакта олуттуу ийгиликтерди жараткан. Тез арада оксфорддук профессура аны тең аталаш катары кабыл алган, анан ал өзүнүн эмгектери боюнча сабак берип, эмгектерин жаза баштаган. Бирок анын жүрөгүн өйүп жаткан шектенүүлөрдү жашыруу кыйын болчу. Өзүнүн жан дүйнөсүнүн абалын ал мындай сөздөр менен мүнөздөп берген: «жүрөк заада коркунуч», «азаптар» жана «үмүтсүздүк». Ал ачуулуу жана пессимист адам болгон, кубанычтуу жашоого кызыккан. «Мен Кудайды жок деп эсептегенмин. Анан Кудайдын жок экени мени ачууландырды». Джек адамзат жашоосуна Вуди Аллендин берген баасы менен макул болмок: бардык поезддер бир линияда кетишет… таштандыга. Джек, балким, өзүнүн бүт өмүрүндө караңгылыкка алып бара турган жолдо кете бермек, эгерде эки кырдаал болбогондо.
Анын бир канча достору, алар да Оксфорддун профессорлору, өздөрүнүн материалисттик көз караштарынан баш тартып, Кудайды издеген жана Ыйсаны ээрчиген адамдардан болуп калышкан. Алгач ал алардын кайрылганын маанисиз ишеним катары эсептеди жана бул ишеним өзүн да каптап калаарынан корккон эмес. Андан кийин башка кесиптештери менен таанышты, ал аларды — Джон Рональд Толкиен жана Хьюго Дайсон сыяктуу урматтуу окумуштууларды жогору баалачу. Алардын экөө тең ишеними бекем машайакчылар болчу жана Джекти, канчалык таң калыштуу болбосун, эч качан жасабаган нерсесин кылганга ойготушту. Ыйык Китепти окууга ойготушту. Анан ал окуй баштады.
Жаңы Осуятта аны негизги каармандын — Ыйса Машайактын жеке инсандыгы таң калтырган. Джек Ыйсадан жүйүт философуна, этиканын улуу окутуучусуна караганда улуурак бирөөнү көргөн. Бирок окуган сайын Джектин ички конфликти Ыйсанын насааттарынан — Ал Өзүн Кудай деп атап, адамдардын күнөөлөрүн кечире баштаганын окугандан улам барган сайын тереңдей берди. Джек Ыйса же алданган, же алдаган, же чын эле Өзүн Ким деп атаган болсо Ошол — Кудайдын Уулу болгон деген жыйынтыкка келди.
1931-жылдын 19-сентябрынын кечки салкынында Джек жана анын эки кесиптеши, Толкиен жана Дайсон, университет шаарчасынын бук жалбырактуу аллеясынан узакка созулган саякатка чыгышкан — ошол жер өз кезегинде Эмауска кеткен жол болуп калган. Анткени жолдо бара жатып, алар Машайактын насаатын жана жашоонун маңызын талкуулашкан. Алар өтө кеч болуп кеткенче сүйлөшүшкөн. «Джек», ал К. С. Льюис, кийинчерээк күздүн алгачкы жалбырактарын төгүп соккон шамалдын агымын эскерет — кокусунан сого калган бул шамал ал үчүн Ыйык Рухтун түшүшүн билдирген. Ошол кечтен кийин «Джек» Льюис машайакчы болуп калган. Ал «чыныгы жашоо деген эмне экенин жана аны билбей туруп эле жоготуп алууга боло турганын түшүнө баштаган». Бул ойлор анын дүйнөгө болгон бүтүндөй көз карашын өзгөрткөн, анын жыйынтыгында — анын миллиондогон окурмандарын дагы[53].
К. С. Льюистин, акылдуу, таланттуу, өзүнүкүн бекем карманган атеисттин, Машайактын артынан ээрчүүсүнө эмне түрткү болгон? Баары абдан жөнөкөй. Ал Машайактын Денесине колун тийгизип көргөн, атап айтканда, Анын жолдоочуларына, өзүнүн изилдөөсүндө — Ыйык Жазууга да кол тийгизип көргөн.
Баары ушунчалык жөнөкөй болушу мүмкүнбү? Шектенүүлөр менен ишенимдин ортосундагы мындай түпсүз жарды Ыйык Жазуунун жана бир туугандар менен баарлашуунун жардамы менен ашып өтүүгө болобу? Өзүңүз текшерип көрүңүз. Кийинки жолу көлөкөлөр каптаганда, Муса жөнүндөгү байыркы баянга, Дөөттүн сыйынуусуна, Жакшы Кабарлардын күбөлөндүрүүлөрүнө, Пабылдын каттарына көңүл буруңуз. Кудайды издеген башка адамдар менен баарлашыңыз жана ар күн сайын алар менен Эмаусту көздөй кеткен жолдо басыңыз. А эгерде жолдо бара жатканыңызда сизге ак көңүл жолоочу акылман окутуулары менен кошулуп калса… анда аны сиз менен кечки тамакты жегенге көндүргөнгө аракет кылыңыз.
13-БӨЛҮМ
КАНДАЙДЫР БИР КОРКУНУЧТУУ НЕРСЕ БОЛУП КЕТСЕЧИ?
Ошондой эле алыс жана жакын жерде болуп жаткан согуштар жөнүндө угасыңар. Бирок коркпогула!…
ГЛОБАЛДЫК КАТАСТРОФАДАН БОЛГОН КОРКУНУЧ
Мен фармацевттердин эскертүүлөрүсүз эле жашай алмакмын. Албетте, ошол эскертүүлөр эмне үчүн керек экенин билемин. Дары өндүрүп чыгаргандар бизге мүмкүн болгон жагымсыздыктар жана кыйыр таасирлер жөнүндө эскерткенге милдеттүү, анткени биз эгерде алардын даарыларын ичкенден кийин үч колдуу жашыл адамчаларга айланып кала турган болсок, анда алардан компенсация төлөтүп ала албайбыз. Мен муну түшүнөмүн. Баары бир бул айкалышууда жарнаманын каарманынын бактылуу жүзү чагылдырылган абалдын кадр сыртында диктордун паралич коркунучунан этияттоосунун болушу бардык иштин быт-чытын чыгарат.
Натыйжалар жөнүндөгү маалымат берүүнүн бул тажрыйбасы төрөт бөлмөлөрүнө кирип келбейт деп үмүт кылабыз. А мүмкүн кирип келеттир. Акыры, төрөлүп жаткан наристелер өздөрүнүн эмнеге кийлигишип жатканын билүүгө укугу бар. Төрөлөрдүн алдындагы сактык билдирүүлөрү толугу менен акушерликтеги стандарттык процедура болуп калышы мүмкүн. Сценаны көз алдыңызга келтире аласызбы? Юрист төрөп жаткан аялдын керебетинин жанында турат. Толгоолордун аралыгында ал Ламаздын ыкмасы боюнча дем алып жатат, атап айтканда тез-тез жана терең эмес, «ит сыяктуу». Юрист майда шрифт менен жазылган документти аялдын курсак жагына каратып үн чыгара окуп берип жатат:
Сизди эненин курсагынан кийинки жашоого келишиңиз менен куттуктайбыз. Бирок кабыл алыңыз, маалыматыңыз болушу үчүн айтып коелу, адамзаттын жашоосу көп учурларда өлүмгө алып келчү окуялар менен коштолуп жүрүп отурат. Кээ бир клиенттер өлүмгө алып барчу вирустар, химиялык заттар жана кандуу террористтер жөнүндөгү жамандыктар жөнүндө кабарлашты. Төрөлүү сизди цунами, мас учкуч, соо абалындагы мотоциклист, ачкачылык, радиоактивдүү чөгүндүлөр же менструация алдындагы синдром сыяктуу кырсыктардын ойрон кылуучу таасирлерине кабылтышы мүмкүн. Биз каалабаган кыйыр таасирлердин катарына компьютердик вирустар, жүрөк оорулары жана бүтүрүү экзамендери да кирет. Адамзаттын жашоосу ачуулуу тирандар менен бир планетада жашаганга күчү жетпегендерге же авиакомпаниялар борттук тамактануу деп атаган тамакты жута албагандарга рекомендация кылынбайт.
Жашоо — коркунучтуу нерсе. Биз каардуу реалдуулуктун көлөкөсүнүн астында эптеп-септеп күн өткөрөбүз. Адамзатты кыйратып жок кылуунун ар түрдүү ыкмалары, сыягы, ушул нерсени гана кыялданган адамдардын карамагына түшүп калган окшойт. Ракеталык-ядролук согуш жөнүндөгү сүйлөшүүлөр бир кичинекей баланы апасынан: «Апа, сураныч, биз таптакыр асманы жок жерде жашайлычы?»[54] деп сураганга мажбур кылган. Эгерде Жердеги орточо жылдык температура дагы бир канча градуска жогоруласа… эгерде өтө жашыруун маалыматтар кара санатайлардын колуна түшүп калса… эгерде кайсы бир аңкоо кызыл кнопканы басып жиберсе… Эгерде эң жаман нерсе болуп кетсечи?
Машайак бизге анын сөзсүз түрдө болоорун айтат. Ал руханийликтин коллапсты, экологиялык катастрофаларды, дүйнөдөгү бардык ишенгендердин куугунтукка алынаарын алдын-ала айткан. Бирок ушулардын баарына карабастан, келечекке баатырдык менен кароого боло турганын насааттайт.
Силерди бирөө адаштырып кетпес үчүн, сак болгула. Анткени: «Машайак Менмин», — деп, Менин ысымымды жамынып көптөр келип, көп адамдарды адаштырышат. Ошондой эле алыс жана жакын жерде болуп жаткан согуштар жөнүндө угасыңар. Бирок коркпогула! Анткени булардын баары болушу керек, бирок бул дүйнөнүн акыры эмес! Бир элге бир эл, бир падышачылыкка бир падышачылык каршы көтөрүлөт. Жер-жерлерде ачарчылык, жугуштуу оорулар жана жер титирөөлөр болот. Булардын баары кыйынчылыктардын башталышы гана. Ошондо силерди кыйнашат, өлтүрүшөт. Менин ысымым үчүн бардык элдерге жек көрүндү болосуңар. Ошондо көптөр азгырылышат, бири-бирине чыккынчылык кылышат, бири-бирин жек көрүшөт. Көптөгөн жалган пайгамбарлар чыгып, көптөрдү адаштырат. Тартипсиздиктин көбөйүү себебинен көбүндө сүйүүнүн ысыгы кайтат.Акырына чейин чыдаган адам куткарылат. Асман Падышачылыгы жөнүндөгү бул Жакшы Кабар бүт ааламга, бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат, ошондон кийин дүйнөнүн акыры келет.
Жакшы болоордон мурда баары жаман болот, өтө жаман болот. Абал начарлаганда, «коркпогула» (Мт. 24:6). «Коркпогула» деген сөз бул жерде Ыйса мурда эч бир учурда колдонбогон абдан таасирдүү сөз менен айтылган. Бул сөз «онтоо», «боздоп ыйлоо» деген сөздү билдирет. Ыйса шакирттерине минтип кеңеш берип жаткандай: «Эң жаманы башталганда, истерикага түшпөгүлө».
Шакирттерди Иерусалимдеги ийбадаткананын көрүнүшү толкунданткан. Олуттуу — кээ бирлеринин узундугу дээрлик жыйырма төрт футтай, асыл таштардан куралган улуу имараттар алардын көз жоосун алган — деңиз толкундарын эске салган түстүү мрамордон жасалган фактура аларды суктандырды. Булардын баары Ыйсаны таасирлендире алган жок. «Ыйса аларга: «Булардын баарын көрүп турасыңарбы? Силерге чындыкты айтып коеюн, бул жерде таш үстүндө таш калбайт, баары кыйратылат», — деди» (Мт. 24:2).
Кимдир бирөө Ак үйдүн, Букингем сарайынын же Луврдын кыйратыла турганын алдын-ала айтып жатканын элестетип көрүңүз. Сиз маалыматты кенен-кесир билгиңиз келбес беле? Шакирттер билгиси келген. «…Бизге айтып берчи, бул качан болот? Сенин келер убактыңды жана дүйнөнүн акыры келип калганын кандай белгилер аркылуу билсе болот?» (Мт. 24:3).
Зайтун тоосунда отурганда, ал жерден Дөөттүн шаары жана борбордогу ийбадаткана көрүнүп турчу, Ыйса: «Коопсуздук кемерин тагынгыла, башкысы — дүрбөлөң салбагыла, жашоо силердин ден соолугуңар үчүн кооптуу болушу мүмкүн», — деген эскертүүнү берип жатат.
Ыйса мындай насааттан баштайт: «…силерди бирөө адаштырып кетпес үчүн, сак болгула. Анткени: «Машайак Менмин», — деп, Менин ысымымды жамынып көптөр келип, көп адамдарды адаштырышат» (Мт. 24:4–5). «Көптөр», «көп адамдарды» деген сөздөргө көңүл буруңуз. Алдангандар көп жана алдамчылар да көп. Жыйындар — өздөрүн Кудайдын кызматчысы катары көрсөткөн эгоисттерди таап чыгара турган Петри чөйчөгү[55]. Алар баарын «Анын аты менен» жасашат, өзгөчө статуска, жогорку руханийликке талаптанышат.
Алар көңүлдө ыйык сактала турган билимге ээ болушканы менен мактанышат, өздөрүнүн насааттарын «Кудай мага айтты», «Мен Кудай менен сүйлөштүм», «Кудай мени жетектеп алып барат» деген сүйлөмдөр менен баштап мактанышат. Алар өздөрүн баналдуу эрежелерге баш ийбеген, ички топко киргизилген, жөнөкөй өлүүчүлөргө караганда акылы өтө бийик турган гуру сыяктуу абалда көрсөтүшөт. Кимдир бирөө, атүгүл, машайакчылыкка ыгы жок умтулуп: «…Мен Машайакмын…» — деп айтат (Мт. 24:5).
Алардын арасында — Хосе Луис де Хесус Миранда. Ал Ыйса жөнүндө жөн гана айтып жана Ага сыйынып тим болбойт. Ал өзүн Машайактын реинкарнациясы деп жар салат. Назареттик Ыйсадан айырмаланып, бул пуэрто-риколук Хесус, күнөө деген таптакыр жок, анын жолдоочулары болсо эч кандай жаман нерсени жасай алышпайт деп окутат. Отуздан ашуун өлкөдө миңдеген адептер (ошол окутуунун жолдоочулары) анын «дары-дармегин» жутуп жатышат[56].
Адашып калбагыла деген эскертүүсүн берип жатат Ыйса. Жылмаланган сырткы көрүнүшү, куру чечендиги жана эффективдүү шоусу менен алдагандарга алданып калбагыла. Кийинчерээк ошол эле насаатта Ыйса минтип айтат: «…жалган машайактар, жалган пайгамбарлар чыгат. Мүмкүн болсо тандалгандарды да адаштыруу үчүн, чоң жышаандарды жана ажайыптарды көрсөтүшөт» (Мт. 24:24).
Көпчүлүк жана кереметтер. Чоң популярдуулук, таасир калтыруучу фокустар. Көптөгөн жолдоочулар. Кудуреттүүлүктүн көрсөтүлүшү. Ушундай нерселерди көргөнүңүздө, сак болуңуз. Үндүн бийик чыкканы жалгандын жок экенине кепилдик бербейт. Популярдуулуктун жана фокустардын кайырмагына илинип калбаңыз. Шайтан мунусун да, тигинисин да жем катары колдоно берет.
Бардык насааттарды жана насаатчыларды бул үзүндүнүн жардамы менен текшерип алыңыз: «Ыйсанын Машайак экендигин жокко чыгаруучу жалганчы болбогондо, ким жалганчы болмок эле? Ким Атаны жана Уулду четке какса, ал — Машайактын каршылашы. Уулду четке каккан адамда Ата да жок…» (1 Жкн. 2:22–23). Жалган пайгамбарлар дайыма Машайактын ролун кичирейтип, адамдын ролун чоңойтот. Ишеним жөнүндөгү окутууну кылдаттык менен изилдеңиз. Бир суроого көңүлдү буруңуз — бул адам өзүнүн угуучуларын Ыйсаны көздөй багыттап жатабы? Эгерде жооп ооба болсо, анда ыраазы болуңуз жана ал үчүн сыйыныңыз. Эгер жооп терс болсо, анда ал жерден качып кеткенге мүмкүнчүлүк бар кезде, дароо качып чыгыңыз.
Динге каршы тургандар менен бир болуп алып, биз жамандыкты күтүшүбүз керек. «Ошондой эле алыс жана жакын жерде болуп жаткан согуштар жөнүндө угасыңар. Бирок коркпогула! Анткени булардын баары болушу керек, бирок бул дүйнөнүн акыры эмес! Бир элге бир эл, бир падышачылыкка бир падышачылык каршы көтөрүлөт. Жер-жерлерде ачарчылык, жугуштуу оорулар жана жер титирөөлөр болот. Булардын баары кыйынчылыктардын башталышы гана» (Мт. 24:6–8).
Жаратылыш кош бойлуу аял сыяктуу, ал кош бойлуулуктун акыркы айларында. Куюн Канзас шаары аркылуу өткөндө, же жер титирөө Пакистандагы бир районду силкип салганда, бул кубулуш климаттык өзгөрүү же мурунку тектоникалык зоналардын өзгөрүүсүнө караганда чоңураак кырсык. Ааламда төрөттүн алдындагы биринчи толгоолор болуп өтүп жатат. Башкы азаптар али алдыда.
Конфликттер, «согуштар жөнүндө» да дал ушундай нерсени айтууга болот. Бир эл бир элге кол салат. Бир үстөмдүк кылчу держава башкасына чакырык жасайт. Чек араларга дайыма кулпу керек болот. Согуштук корреспонденттер жумушсуз калбайт. Жердин жашоочулары бул жерде, асмандан алыс жерде, эч качан тынчтыкты көрбөйт.
Машайакчылар баарынан көп азап тартышат. «Ошондо силерди кыйнашат, өлтүрүшөт. Менин ысымым үчүн бардык элдерге жек көрүндү болосуңар. Ошондо көптөр азгырылышат, бири-бирине чыккынчылык кылышат, бири-бирин жек көрүшөт. Көптөгөн жалган пайгамбарлар чыгып, көптөрдү адаштырат. Тартипсиздиктин көбөйүү себебинен көбүндө сүйүүнүн ысыгы кайтат…» (Мт. 24:9–12).
Кимдин өлүмү ушул пайгамбарчылыктын аткарылышы болгон болсо, бейиш ошондой адамдарга жык толгон. Петир. Пабыл. Степан. Жакып. Игнатий Антийохийский. Поликарп. Иустин Азапкор. Ориген. Дүйнө Машайактын бул жолдоочуларын жек көргөн.
Жек көрүү мурдагыдай эле кайнап жатат. «Азапкорлордун үнү» — машайактык уюм, алар диний эркиндикти коргоп келишет — алар акыркы жүз жылдыкта мурунку кошо эсептелген жүз жылдыктарга караганда ишенгени үчүн өлтүрүлгөн машайакчылардын саны арбын экени жөнүндөгү маалыматтарды келтиришет. Пабылдын, Жакыптын жана Петирдин аттарына Эфиопиядан чыккан Цехай Толессо, континенталдык Кытайдан чыккан Ксу Йонхай, Ирандан чыккан Мехди Дибадж сыяктуу аттар кошулган[57]. Бүткүл дүйнөлүк жакшы кабарчылардын кыймылы жылына 165000 азапкор боло турганын кабарлайт, ал мурдагы кылымга караганда төрт эсе көп[58].
Өзүнүн диний эркиндиги менен сыймыктанган Америка машайакчыларга карата өсүп бара жаткан зордук-зомбулукчулук менен ооруп жатат. Профессорлор Ыйык Китепке ишенген студенттерди көпчүлүктүн алдында мазакташат. Телевизиондук ток-шоунун алып баруучулары ишенгендерди каралайт. Биз куугунтуктар күч аларын күтсөк болот. Бул ишке ашканда бекем эмес ишенимдер кыйрайт. «…Көбүндө сүйүүнүн ысыгы кайтат…» (Мт. 24:12). Руханий «билети жоктор» кеменин бортунан секирип кетишет. Эки жүздүүлөр ырайымы жок болуп калышат. Жыйынга келип жүргөн көпчүлүк, эч нерсени билбеген анткорго айланып калат. Алар ишенимден баш тартып гана кетпестен, ишенгендердин жашоосун да уулантышат.
Бул куугунтуктар бизге да келеби? Кээ бирлерибизди кууп жетти. Көпчүлүгүбүзгө эми келиши мүмкүн. Эгерде биз ишенгенибиз үчүн түрмөгө түшсөк, ишенимибиз үчүн сүргүнгө айдалсак, Кудай сизге жана мага Машайактын: «Коркпогула!…» деген сөзүн эстешибизге жардам берсин (Мт. 24:6).
Динге каршы чыккандардын, кырсыктардын жана ишенимден кайткандардын айынан рухуңузду жоготуп албаңыз. Туруштук бере албай калбаңыз жана жеңилип бербеңиз, анткени жакында сиз салтанаттын күбөсү болосуз. «…Акырына чейин чыдаган адам куткарылат. Асман Падышачылыгы жөнүндөгү бул Жакшы Кабар бүт ааламга, бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат, ошондон кийин дүйнөнүн акыры келет» (Мт. 24:13–14).
Ыйса Өзүнүн шакирттерин алысты көрө билген баатырдык менен куралдандырган. Кырсыктар аларга «дүйнөнүн акыры келерин» көрсөткөн. Акыркы жеңишке болгон ишенич аягына чейин бара турган кайраттуулукту жаратат. Жазуучу Джим Коллинз вьетнамдык согушта сегиз жыл туткунда болгон адмирал Джеймс Стокдейлдин окуясын айтып берет.
Стокдейл эркиндикке чыккандан кийин Коллинз андан лагерде кантип тирүү калганын сурайт. Ал минтип жооп берет:
— Мен баары жакшы аяктай турганына болгон ишенимимди эч качан жоготкон жокмун. Мен бул жерден чыгарыма шектенбестен, акыркы жыйынтыкта жеңишке жетип, бул күрөштү менин жашоомдун чечкиндүү окуясына айландырып, аны эч нерсеге алмаштырбай турганымдан да шектенген жокмун.
Андан кийин Коллинз сурады:
— А сыноолорго ким туруштук бере алган жок?
Адмирал Стокдейл жооп берди:
— О, бул жерде баары оңой. Оптимисттер… муну ошолор айтышкан: «Ыйсанын туулган күнүнө чейин биз бул жерде жок болобуз». Ошентип, Ыйсанын туулган күнү келди жана өтүп кетти. Ошондо алар минтип айтышты: «Пасахта биз бул жерде жок болобуз». Пасах дагы келди жана өтүп кетти. Андан кийин Ыраазычылык күнү, андан кийин — кайра Ыйсанын туулган күнү. Алардын руху алсырады, анан алар тирүү калышкан жок[59].
Чыныгы кайраттуулук эки реалдуулукту тең өз кучагына алат — учурдагы кыйынчылыктарды жана келечектеги салтанатты. Ооба, жашоо оор болот. Бирок бул түбөлүккө эмес. Менин досторумдун бири айткандай, «аягында баары жакшы болот. Эгерде азыр баары жакшы боло элек болсо, демек, аягы келе элек».
Жыйын Гедеондун аскерлерине окшоп, каардуу тандоодон өтө элек болсо дагы, жерди климаттык катаклизмдер каптап, катастрофалар күчөп жатса да, жаратылуунун өзү кайсы бир арктикалык коркунучка сүзүп бара жаткан болсо дагы дүрбөлөңгө түшпөңүз. «Теңирди унчукпай күт, Андан үмүттөн. Өз жолунда ийгиликке жеткен, арам ойлорун ишке ашырган адамга атаандашпа» (Заб. 36:7).
Поллианнанын[60] оптимизминен качыңыз. Биз адамдык экзистенциялык каардуулукту кооздоо менен эч нерсеге ээ болбойбуз. Биздин дүйнөбүз ууланган. Бирок мультфильмдеги Чыйп аттуу жөжөнүн: «Асман кулап келе жатат! Асман кулап келе жатат!» деген дүрбөлөңгө түшкөн кыйкырыктарын тууроонун да кереги жок. Полианна менен Чыйп Жөжөнүн арасында кайсы бир жерде оптимизм менен жабылган көздүн жана ашыкча тынчсыздануунун ортосунда тең салмактуу, анык ой жүгүрткөн, ишенимин сактаган Машайактын жолдоочусу бар.
Көздөрү ачык, бирок анда коркунуч жок. Коркуткандардан коркпогон. Көчөдөгү эң оор басырыктуу жигит — ал жерде зөөкүрлөр жок болгон үчүн эмес, а өзүнүн Агасына ишенгени үчүн. Кудайдын байыркы элине бул тең салмактуулук тааныш болчу: «Мага кошуун каршы чыкса да, менин жүрөгүм коркпойт. Мага каршы согуш чыкса да, Кудайга таянам» (Заб. 26:3).
Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы кыйроодон кийин Варшаванын борборундагы башкы көчөдө бир имараттын гана дубалы тик турган бойдон калган. «Бул Британдык жана чет өлкөлүк ыйык китеп коомунун польша бөлүмүнүн жарым кыйраган имараты болчу жана анын ички дубалындагы жазуулар көчөдөн анык көрүнүп турду… "Асман менен жер жок болуп кетет, бирок Менин сөздөрүм жок болуп кетпейт"»[61]. Бул — машайакчылыктын үмүт тартуулаган образы. Дүйнө кыйрап жок болуп кетсе дагы, Машайактын иштери кала берет.
«Бирок коркпогула!…» (Мт. 24:6).
«Бирок коркпогула…» Жетекчилердин жана окутуучулардын буйругу көбүнчө ушул сөздөр менен башталат. «Бирок мага отчет даярдаганды унутпагыла». Же болбосо: «Сочинениени эртең тапшырышыңар керек. Бирок кечикпегиле». Мындай сөздөр өзгөчө көңүл бурууга, жыйынтыгында бүт дитин коюп, максатка умтулууга чакырат. Машайак да бизди дал ушул нерсеге чакырып жаткан жокпу? Биздин кооптуу, Фаберже жумурткасы сыяктуу сынып кете турган заманыбызда, финансылык кризис жана террористтер чегинен ашып кеткен заманыбызда, коркунучтан жана азаптан баш калкалап жашынганга бардык себептерибиз бар.
Бирок Машайак бизге минтип айтат:
«Бирок коркпогула…»
«Акыл калчап ой жүгүрткүлө жана дүрбөлөңгө түшпөгүлө…»
«Дүрбөлөңгө түшпөгөнгө аракет кылгыла…»[62]
«Өмүрүңдүн акырына чейин ишенимдүү бол, ошондо Мен сага өмүр таажысын берем» (Аян 2:10).
Сиздин ишенимиңиздин негизи соккуларга жана кысымдарга туруштук бере алаарына көзүңүз жетсин.
«Титаниктин» куруучулары дагы дал ушул нерсе жөнүндө кам көрүүлөрү керек болчу. Өтө сонун лайнер чөгүп кеткен, анткени жалданып иштеген адамдар арзан мыктарды колдонушкан жана эмне кылуу керектигин начар эсептеп коюшкан. Мыктарды кеменин негизине болот лист менен каптап чыгышат. Сапаттуу стержендердин жетишпестигине туш болгон кеме куруучулар стандарттуу эместерин ала башташат, алардын бекитилген баштары айсбергдин кысымы астында нокот сыяктуу чачырап кеткен[63].
Сиздин ишенимиңиздин кемесиндеги мыктар канчалык бекем? Аларды ар күнү Ыйык Китепти окуу менен, кызмат кылуу менен, Кудай менен чыныгы баарлашуу менен бекемдеңиз. «Баатырдык — сыйынууга жетише алган коркунуч»[64].
Ошондой эле, эсиңизде болсун: «…мунун баары — төрөт толгоолорунун башталышы»[65] (Мт. 24:8), анткени төрөт толгоолорунда баары өтө деле жаман эмес (мага го айтып коюш оңой эле). Толгоолор төрөттүн башталганын билдирет. Акушерлер аялды эне боло турган мезгил жакындап калганын айтып: «Кайсы бир убакытка чейин катуу оорутат, бирок андан кийин баары жакшы болот», — деп ишендиришет.
Ыйса дагы бизди дал ушундай нерсеге ишендирип жатат. Глобалдык конфликттер биздин кош бойлуулук календарыбыздагы төрөт күнүнүн жакындап келе жатканын көрсөтөт. Акыркы саат жакындап келе жатат, жүктөн арылганга болгону бир канча силкинүүлөр калды, түбөлүктүүлүктүн сааты дагы бир аз тыкылдайт, анан жаратылгандын баарынын аягы келет. Жаңы дүйнө башталат!
«…Булардын баары болушу керек…» (Мт. 24:6). Бул кубанычтуу «болушу керек» деген сөз болуп жаткан нерсенин баары, атүгүл, эң коркунучтуусу деле, Кудайдын оюна баш ийгенин ырастап турат. Ал жерде бардык кырсыктар жана сыноолор өз ордуна келет. «Биз коркпошубуз керек болгонунун себеби, согуш бизди коркутпаганында эмес. Таптакыр тескерисинче. Анын себеби, бардык хаостун үстүнөн кудайлык ой бийлик кылып турганында»[66].
Бардык окуялар, чоң окуябы же болбогон окуябы, Кудай тарабынан белгиленген жана Анын эркинин аткарылышы үчүн кызмат кылат. Аалам көзөмөлдөн чыгып кеткендей сезилиши мүмкүн, бирок андай эмес. Дүйнөнү жалаң зөөкүр адамдар башкарып жаткандай сезилиши мүмкүн, бирок андай эмес. Дүйнөлүк жаңылыктарда экологиялык катастрофалар биринчи орунду ээлеп алганда, алар сиздин жүрөгүңүздө биринчи орунду ээлеп алышына жол бербеңиз.
Биз Асмандагы Атабызга Питер Вирт өзүнүн атасына ишенгендей ишенебиз.
Питер, университеттин студенти, жыйырма бир жашында оң далысынын катуу ооруп жатканын сезет. Ал атасынан кеңеш сураш үчүн телефон чалат. Көптөгөн студенттер дагы ушундай кылмак: кеңеш сураш үчүн үйлөрүнө телефон чалышмак. Мындай абалда студенттердин арасынан мыкты кеңешчи чыгышы күмөн. Майкл, Питердин атасы — дүйнөгө таанымал ортопед, ал так ошол далы ооруларынын адиси болчу. Питердин дарыгер Виртке телефон чалуусу — Билл Гейтстин кызынын атасына андан компьютер тууралуу бир нерсе сурап чалган чалуусу менен барабар.
Алгач Майкл Питердин оорусун ашыкча физикалык күч келтирип алуудан болгон деп түшүндүрдү. Бирок уюп, сайгылашып жатат дегенде, дарыгер Виртте «терең веналардын тромбофлебити» деген сейрек кездешүүчү оору болуп жүрбөсүн деген шектенүүлөрү арта баштады. Уулунун далысында жүрөккө коркунучтуу болгон жакын жерде тромб пайда болду. Бул оору Майклга жөн эле тааныш эмес болчу — ал бул ооруну дарылоо ыкмалары жөнүндөгү статьялардын автору болчу. Ал Питерге ооруканага кайрылууну сунуш кылды жана ультра изилдөө диагностикасына сөзсүз түшүү керектигин айтат. Көрсө, алыс жерде туруп алып койгон диагнозу туптуура коюлган экен. Питерди дароо ооруканага жаткырышты, тромб тарап кетти, уулунун жашоосу уланды.
Ушундай атанын болгону сонун эмеспи?
Бизде Ал бар. Ал дүйнөгө Өзүнүн диагнозун койгон жана аны кантип айыктыруу жөнүндөгү китепти жазган. Биз Ага ишенсек болот. «Аягында баары жакшы болот. Эгерде азыр баары жакшы боло элек болсо, демек, аягы келе элек».
14-БӨЛҮМ
ЖАЛГЫЗ ТУУРА КОРКУНУЧ
Муну укканда, шакирттер коркуп кетишип, жүзтөмөндөп жыгылышты. Ыйса аларга жакын келип, колун тийгизип: «Тургула, коркпогула!» — деди.
КУДАЙДЫН МЕНИН КУТУЧАМА БАТПАЙ КАЛЫШЫНАН БОЛГОН КОРКУНУЧ
Отелдин регистрация кылчу тирөөчүнүн жанында кезекте турган аял колунда менин китебимди кармап турган экен. Мен жанына барып, таанышканга батына албай турдум, кокусунан, дарыгер уйкусуздук менен күрөшүш үчүн китеп окууну жазып бергенин угуп калбайын деп. Бирок баары бир тобокелчиликке салдым. Анан ал китеп ага чынында эле жага турганын айтты. Бирок ал мага тереңирээк көңүл буруп карады да, эмнегедир мен өзүмдү көрсөткөндөй адам эмес экенимди ойлоно кетти.
Дароо эң сырткы мукабаны ача салып, ал менин сүрөтүмө карады да, кайрадан көзүн мага бурду:
— Сиз Макс Лукадо эмессиз.
— Мен дал ошолмун. Бул сүрөт көп жыл мурда тартылган, андан бери бир аз өзгөрүп кеттим.
Жылмаюунун эч көлөкөсү жок ал кайрадан менин сүрөтүмө карады да, чечкиндүүлүк менен мындай деди:
— Жок. Макс Лукадонун сакалы бар, тырыштары жок, чачы калың.
— Мурда Макс ушундай болчу, — деп түшүндүрдүм мен.
Бирок ал өзүнүкүн берген жок:
— Ал ушул кезге чейин ошондой.
Мен чөнтөгүмө колумду салып, айдоочулук күбөлүгүмдү алмакчы болдум, бирок аны ушул адашуусу менен калтырууну артык көрдүм. Дегинкиси, эгерде ал Макс Лукадону отуз жаштагы бойдон көргүсү келсе, мен аны менен талашкыдай киммин?
Башка тарабынан алганда, мен анын жаңылыш пикирин түшүндүм. Баарын текчеге жайгаштырып бүткөндөн кийин, аны ошол бойдон калтырып койгон оңой. Ал менин образымды жараткан болчу. Мени аныктап койгон. Классификация кылган. Бешке сегиз болгон фото карточканы рамкага киргизген. Кутучадагы момундай көрүнгөн Макс.
Кутучалар биздин дүйнөбүзгө таң калыштуу иреттүүлүктү алып келишет. Алардын жардамы менен таруу чачылып кетпейт жана карточканы чаң баспайт. Кийимдерди жайгаштырыш керек болгондо, кутучалар идеалдуу. Бирок адамдарды түшүнүү ишине келгенде, алар биздин үмүтүбүздү анча актабайт. А кеп Машайакты түшүнө билүүгө келгенде, бир да кутуча таптакыр ишке жарабайт.
Анын Палестинадан чыккан замандаштары, билесизби, алар дагы аракет кылышкан. Аларда мүмкүн болгон кутучалардын бүтүндөй шаймандары бар болчу. Бирок Ал алардын бирине да баткан эмес. Аны козголоңчу деп эсептешкен — Ал салыктарды төлөгөн. Андан провинциялык жыгач устаны көрүшкөн — Ал окумуштуу эркектерди өз билими менен бурчка такаган. Ага кереметтерди көрүш үчүн келишкен, бирок ал шоу көрсөтүүдөн баш тарткан. Ал жөнөкөй аныктамаларга көнүп берген эмес. Ал, жүйүт, Өзүнө бутпарастарды тарта билген. Синагогаларда эки жүздүүлүк менен сыйынгандардын бетин ачкан Устат. Адашкандарды жана бузулган аялдарды билген Ыйык. Патриархдык эркектик шовинизмдин коомунда Ал аялдарды дискриминация кылган эмес. Римге каршы болгон маанайдагы адамдардын арасында Ал Римдин айыбын ачкан эмес. Ал падыша сыяктуу сүйлөгөн, бирок жашаар жери жок адам сыяктуу жашаган. Адамдар Ага аныктама бергенге аракет кылышкан. Бирок таба алышкан эмес.
А биз болсо дагы деле тапканга аракет кылып жатабыз.
Менин Бразилиядагы бир тааныш таксистимдин прибордук идишинде Ыйсанын турпаты жабыштырылган болчу. Ал ар бир жолу машинасын токтотконго орун тапкысы келгенде же тезирээк жашыл чырак жансын дегиси келгенде, өзүнүн пластмассадан жасалган Ыйсанын айкелин кармалап калчу.
Кабелдик телеканалдан өтө кечки убакта сүйлөп жаткан насаатчы мени жана менден башка уктабай отургандарды гүлдөп өнүгүүгө болгону бир гана сыйынуу калды деп ишендирет. Аны керектүү пропорцияда аралаштыр — анан мына, сага үйдүн куюштуруусунда куюлуп берилген Ыйса.
Саясатчылар өзүнүн үй куюштуруусунда куюлуп берилген Ыйсаны текчеден алып чыгышат, Ал балким «жашылдар» үчүн, консерваторлор үчүн добуш бермек эле; карчыгаларды, көгүчкөндөрдү, суу бүркүттөрүн жакшы көрөр эле дегенди жар салышат… Шайлоо мезгилинде саясатташтырылган Ыйса дайыма алардын кол астында болот.
Кутучадан чыккан Кудай. Сиз алардын колунда мыжыгылган турпаттарын көрөсүз, көрүнүктүүлөрдүн, тил алчаактардын жана баарын алдын ала ойлонуштургандардын кудайын сүйөт. Биздин акылсыз жашообуз үчүн колго үйрөтүлгөн кудайлар керек, туурабы? Өзгөчө бузулуп бара жаткан дүйнөдө биз өзүбүзгө биздин ашканабызда — кичинекей күчүк же мышык сыяктуу жайлуу жашаган кудайды каалайбыз. Биз чакырабыз, анан ал келе коет. Анын кулагын кашылайбыз, анан ал кырылдап калат.
Петир, Жакып жана Жакан дагы дал ушул нерсени каалаган болсо керек. Алар Ыйсаны салып койгон кутучадан арылууга болгон аракетин мындан башка эмне менен түшүндүрүп берүүгө болсун?
Алты күн өткөндөн кийин, Ыйса Петирди, Жакыпты жана анын бир тууганы Жаканды ээрчитип, бир бийик тоого чыкты. Ошол жерде алардын көз алдында Ыйсанын көрүнүшү өзгөрүлдү: Анын жүзү күндөй жаркырап, кийими аппак болуп калды. Анан аларга Ыйса менен сүйлөшүп жаткан Муса менен Илияс көрүндү. Ошондо Петир Ыйсага мындай деди: «Теңир! Бул жерде болгонубуз жакшы экен. Эгерде кааласаң, бул жерге үч алачык тургузалы: Сага бирди, Мусага бирди, Илияска бирди». Петир сүйлөп жаткан учурда, жаркыраган бир булут аларды каптап калды. Анан булут ичинен «Бул Менин сүйүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын. Аны уккула!» деген үн чыкты. Муну укканда, шакирттер коркуп кетишип, жүзтөмөндөп жыгылышты. Ыйса аларга жакын келип, колун тийгизип: «Тургула, коркпогула!» — деди. Алар баштарын көтөрүп, Ыйсадан башка эч кимди көрүшкөн жок.
Ыйык Жазуудагы жогорку чекит менен жердин жогорку чекитинин кандайдыр бир байланышы бардай. Ыбрайым Мориа жергесиндеги тоодо Ыскакты курмандык чалмакчы болгон. Муса Синай тоосунда күйүп жаткан бадалды көргөн. Илияска Кудай Хореп тоосунан көрүнгөн. Машайак адамзатты Голгофа деп аталган дөбөдө куткарып алган. Хермон тоосунда Ыйсанын көрүнүшү өзгөрүлдү.
Эч ким так билбейт, бирок тарыхчылардын көпчүлүгү Көрүнүш өзгөрүлгөн тоону 2814 метр бийиктиктеги Хермон тоосуна окшоштурушат. Ал тоо Ысрайылдын түндүк бөлүгүндөгү ландшафтта жайгашкан, Өлүк деңизден жүздөгөн чакырым алыстыктан көрүнүп турат. Чокусун ак кар баскан бул улуу тоо Ыйсага Петир, Жакып жана Жакан менен кошо бөлүнүп чыгып кетүү үчүн идеалдуу жай болгон. Ызы-чуу түшкөн көпчүлүктөн жана тынчтык бербей суроо менен кайрылган адамдардан алыс жерде Ыйса эң жакын үч досу менен тоскоолдуксуз мамилелеше алмак. Бул жерден Галилей деңизинин көгүлтүр көрүнүшү жана жүзүмзар жыш өскөн дөбөлөр көрүнүп турчу. Бул жерде сыйынууга болор эле. «…Ыйса Петирди, Жаканды, Жакыпты ээрчитип, сыйынуу үчүн, тоого чыкты» (Лк. 9:28). Машайакка күч керек болчу. Анын айкаш жыгачка кадаларына болгону бир канча ай калган эле. Алдыда Ыйсаны аскерлердин зомбулугу жана көпчүлүктүн каары күтүп жаткан эле. Буга туруштук бере алыш үчүн туруктуулук керек болгон жана Ал Өзүнүн шакирттери Анын күчтү кайдан сузуп алаарын көрүшүн каалаган.
Кайсы бир көз ирмемде нан жана балык менен тамактанган, провинциялык галилей тилинде сүйлөгөн жоош момун жыгач уста космикалык жарыктын так эле өзү болуп өзгөрүлүп калды. Машайак «алардын көз алдында… өзгөрүлдү: Анын жүзү күндөй жаркырап, кийими аппак болуп калды» (Мт. 17:2).
Андан жарык чыгып турду. Таза. Көздү уялтуучу. Эң эле укмуштуу. Жарык Анын денесинен жана Анын кийиминин ар бир тигишинен чыгып жатты. Жарык чачкан Ыйса. Анын бетине кароо — Альфа Центаврага жакындоо менен барабар. Марк бизге: «Анын кийимдери жаркырап, кардай аппак болуп калды. Жер бетинде эч бир кездеме агартуучу андай агарта албас эле», — деп айтат (Мр. 9:3).
Анын кийимдери кездеме агартуучудан агарган эмес. Бул Кудайдын катышуусу менен болгон. Ыйык Жазууда Кудай көбүнчө жарыкка салыштырылат, а жарык болсо — ыйыктыкка. «…Кудай — жарык, Анда эч кандай караңгылык жок» (1 Жкн. 1:5). Кудай — «адам жетпей турган жарыкта жашаган Кудай» (1 Тим. 6:16). Өзгөрүлгөн Машайак, ушундай жол менен алганда, Анын таза айтылышындагы Машайак.
Бул — Өзүнүн Бейт-Лехемге чейинки жана айкаш жыгачка кадалгандан кийинки кийиминдеги чыныгы Ыйса. «Алсыз галилеялык эмес, а Кудайдын кудуреттүү турпаты, Аны эч ким токтото албайт»[67]. «…Ыйык, жамандыктан алыс, кемчиликсиз, күнөөкөрлөрдөн бөлүнгөн…» (Эвр. 7:26). Кемчиликсиз бриллиант, тагы жок роза, табият менен гармониялашкан музыка, кемтиксиз рифмасы бар ыр сабы.
Бул жаркыроодо Петир, Жакып жана Жакан — бүркүттүн канатынын көлөкөсүнүн астындагы чиркейлердей. Алар Ыйсаны эч качан мындай абалда көрүшкөн эмес. Ал суу үстүнөн баскан, нанды көбөйткөн, бороонго тыюу салган, жиндерди кууп чыккан, өлгөндөрдү тирилткен — ооба. Бирок жаркырап турган Ыйсанычы?
Эки конок пайда боло калды: Муса жана Илияс. Мыйзам чыгаруучулардын мыйзам чыгаруучусу жана пайгамбарлардын пайгамбары жерди бейиштен бөлүп турган көрүнбөгөн көшөгөдөн өтүп чыга келишти. «…Алар Ыйсанын Иерусалимде аткара турган иши, өлүмү жөнүндө сүйлөшүштү» (Лк. 9:31).
Жүйүттөр үчүн Муса менен Илияс — Джордж Вашингтон менен Авраам Линкольндой. Алардын портреттери жүйүттөрдүн Даңк залынын кире беришинде илинип турат. Мына алар Ыйсанын сыйынуусунун жообу катарында ушул жерде турушат. Биз бир жагынан Петир, Жакып жана Жакан таң калган: «
Ушул көз ирмемде Петир тырышчаактык менен жөтөлүп жиберет. Тоодо жалын, тамагына бирдеме тыгылып калгандай болду. «Теңир! Бул жерде болгонубуз жакшы экен. Эгерде кааласаң, бул жерге үч алачык тургузалы: Сага бирди, Мусага бирди, Илияска бирди» (Мт. 17:4).
Бул сөздөр бизге көңүл оорутпаган сөздөрдөй сезилет, кимдир бирөөлөргө болсо, атүгүл, жаман эмес идеядай. Биз окуяларды эстеликтер, мемориалдык тактайчалар жана бийик мамылар менен түбөлүккө калтырганды жакшы көрөбүз. Петир мындай окуяга атайын архитектуралык долбоор керек деп эсептеген жана курулуш комитетин өзү жетектегиси келген. Жакшы пикир, туурабы?
Бирок Кудайдын көз карашы менен эмес. Петирдин үч алачык же скиния жөнүндөгү сунушу ушунчалык негизсиз жана орунсуз болгон үчүн Кудай анын айтылып бүтүшүнө деле жол берген жок. «Петир сүйлөп жаткан учурда, жаркыраган бир булут аларды каптап калды. Анан булут ичинен «Бул Менин сүйүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын. Аны уккула!» деген үн чыкты» (Мт. 17:5).
«Сүйүктүү» деген сөз бул жерде «салыштырылгыс» деген маанини билдирет. Машайакка тең келген эч ким жок. Эч ким Аны менен салыштырылбайт. Муса дагы. Илияс дагы. Будда жана Мухаммед менен кошо Заратустра дагы. Эч ким — асманда да, жерде да. Атасы жар салгандай, Ыйса жөн гана «Уул» же, атүгүл, «Уулдардын ичинен эң мыктысы» дагы эмес. Ал — «Сүйүктүү» Уул.
Петир муну билген эмес. Ал Машайакты «Улуу тарыхый инсандар» деген ардактуу кутучага жайгаштырган. Ал Ыйсага,
Петир, Жакып жана Жакан эми унчукпай калышты. Эми эч кандай курулуш долбоору жок. Скиния, базилика жана мемориалдык комплекстер жөнүндө эч кандай кеп болгон жок. Булар — Мариан чуңкурунун түбүнө жете турган суу астында сүзүүчүлөр, Айга коно турган астронавттар. Алар бир да адам көрбөгөн нерсени — космикалык улуулуктагы Машайакты көрүшкөн. Мындай көз ирмемдерде сөз алсыздык кылат. Жүздөрү кубарып, бозомук тарткан. Тизелери шалдырап, жүрөктөрү жанынын барынча сого баштаган. «Муну укканда, шакирттер коркуп кетишип, жүзтөмөндөп жыгылышты» (Мт. 17:6).
Тоодогу жаркыроо тоодогу коркунучту пайда кылды. Дени сак, ыйык коркунуч. Петир, Жакып жана Жакан жан дүйнөсүн бекемдеген, жалгыз Кудайдын алдындагы айыктыруучу коркунучту баштарынан кечиришти. Алар асманга жылдыздарды, кудум, кара баркыттын үстүнө бриллианттарды чачырата жайгаштыргандай жайгаштырган Бирөөнү, пайгамбарды оттуу араба менен асманга алып кеткен Бирөөнү, а фараонду болсо Кара деңизге чөктүрүп жиберген Бирөөнү көрүштү.
Бул сезим аларда абдан терең таасир калтырды: Кудай бир эле мезгилде бул жерде жана бардык жерде боло турганын билдирди. Бир Галилеялыктын жаркыраган көрүнүшү алардан бардык маанилүүлүктү жана текебердикти күбүп салды да, керектүү жол менен табынганга мажбур кылды. Жүзтөмөндөп жыгылганга. «Муну укканда, шакирттер коркуп кетишип, жүзтөмөндөп жыгылышты» (Мт. 17:6).
Теңирден болгон коркунуч ушундай. Биздин коркунучтарыбыздын көпчүлүгү зыяндуу. Алар биздин уйкубузду уурдап алып, тынчыбызды кетирет. Бирок бул — башка коркунуч. «Ыйык китептин көз карашы менен алганда, Кудайдан болгон коркунучта эч кандай невротикалык нерсе жок. Невротикалык коркунуч болсо жок болмок же коркуш керек болгон нерсенин алдында коркунучтун
Сиз качантан бери ушундай коркунучту сезип келе жатасыз? Машайак менен жолуканыңызда, бүт жан-дүйнөңүз дүркүрөп, дем алууңуз токтоп калчудай болгон абал качан болду эле? Сиз Анын улуулугунун жарыгын сезгениңизде, жүрөгүңүздүн кагылышы тездегенине канча болду? Эгерде бул көп убакыт мурун болуп өткөн болсо, сиздин коркунучтарыңыз ошону менен түшүндүрүлөт.
Машайак улуу болгон кезде, биздин коркунучтарыбыз эч нерсеге арзыбай калат.
Ыйсанын алдындагы урматтообуз өскөн сайын, биздин жашоодогу бардык коркунучтарыбыз кичирейет. Улуу Кудай улуу баатырдыкты жаратат. Баарынан Жогорку жөнүндөгү эң эле начар түшүнүктөр бизге кайраттуулукту алып келбейт. Алсыз, кичинекей, жалындабаган Ыйса рак клеткаларынын, сатылуучулуктун, эреже бузуулардын, биржалык кризистердин жана глобалдык катастрофалардын үстүнөн бийлик кыла албайт. Портативдүү, чөнтөккө салынган Ыйса баштыкта же текчеде абдан ыңгайлуу болушу мүмкүн, бирок сиздин коркунучтарыңыз менен эч нерсе кыла албайт.
Дал ушул себептен улам, Ыйса шакирттерин Өзгөрүлүүнүн тоосуна алып чыккан болсо керек. Ал алар Өзүн кандай кутучага киргизишкенин көргөн. Ошондой эле, Ал аларды кандай келечек күтүп турганын да көргөн: Петирдин баш тартуусу, Иерусалимдеги жана Римдеги зындан, Жыйындын муктаждыктары, Нерондун убагындагы куугунтуктар. Чөнтөк форматындагы Кудай — чыныгы Кудай эмес. Мына ошондуктан Ыйса алардын жаман ойлорун ачыкка чыгарып, алардын жүрөгүнө кудуреттү Кудайдын образын салган.
Сиздикин да ошенткиси келет.
Биз өзгөрүлгөн Машайакты билишибиз керек эмеспи? Ыйык жалын чыгып жаткан Бирөөнү? Тарыхый фигураларды Өзүнө бийлик менен чакырып жаткан Бирөөнү? Эң жогорку тактыда отурган жана ааламдын чыныгы жападан жалгыз таажысын — Кудайдын Сүйүктүү Уулунун таажысын алып жүргөн Бирөөнү? Досторун алар асманга көтөрүлө алсын үчүн, Өзгөрүлүүнүн тоосуна чакырган Бирөөнү?
Сиз дагы көтөрүлүңүз. Жарыкка, Ыйыкка, Баарынан Жогоркуга, Жалгыз Сүйүктүү Уулга узак убакытка жана чын жүрөктөн караңыз. Ошондо сиздин бардык коркунучтарыңыз, Машайактын алдындагы коркунучтан башкасынын баары, июль айындагы асфальттын үстүнө ташталган муз бөлүкчөлөрү сыяктуу эрип кетет. Сиз дагы Дөөт менен макул болуңуз: «Теңир менин жарыгым, менин куткаруучум: кимден коркмок элем?» (Заб. 26:1).
«Шахзаада Каспиан» деген китепте Люси көп жылдан бери биринчи жолу арстан Асланды кайрадан көрөт. Алар акыркы жолу жолугушкандан бери ал абдан өзгөрүп кетиптир. Люсини анын чоңдугу таң калтырат жана ал ага бул жөнүндө айтат.
— Аслан, — деди Люси, — сен чоңоюптурсуң.
— Сен өзүң чоңойгонуң үчүн ошондой, — деп жооп берди ал.
— А сенчи?
— Мен мурда кандай болсом, ошол эле бойдонмун. Бирок ар жыл сайын сен чоңое бересиң, анан мен сага дагы чоңураак көрүнө беремин[69].
Машайак менен да дал ушундай. Биз Машайакта канчалык көп жашаган сайын, Ал биз үчүн ошончолук чоң боло түшөт. Ал өзгөрүлүп жаткан жок, а биз; биз Аны жакшыраак көрүп калдык. Биз Анын мурда билбеген көлөмдөрүн, аспектилерин, касиеттерин көрө баштайбыз, Анын тазалыгын, кудуретин жана жалгыздыгын барган сайын таң калыштуу күбөлөндүрүүлөрүн көрө баштайбыз. Биз Машайактын кутучаларын жана эски образдарын керексиз таштанды сыяктуу таштап жиберебиз. Биз андан ары Аны саясий эшектерге жана пилдерге отургуза албай калабыз. Текебер ишеним момун кызыгууга алмашат. Ыйсаны доктрина менен аныктап, Аны биздин түшүнүктөрүбүзгө киргизе алабызбы? Эч кандай. Биз Ыйсаны өзүбүздүн кутучабызга киргизгенге караганда, Кариб деңизин тор менен сузуп алганыбыз оңоюраак болуп калат.
Аягында, биз өзүбүздү элчилер сыяктуу сезебиз, жүзтөмөндөп жыгылып, Ага табынабыз. Ошондо Жыгач устанын колу алоолонуп жаткан жалындын ичинен бизге тиет. «…Тургула, коркпогула!… — дейт» (Мт. 17:7).
Менде мына мындай божомол бар. Петир, Жакып жана Жакан тоодон күнгө күйүп жана жылмайып, келечекке ишенимдүү карап, жеңил-желпи серпиле түшүп келишти. Ушундай Мессия менен бирге болгондо алар эмнеден корксун?
Менин дагы бир божомолум мына мындайча. Өзгөрүлүүнүн тоосунда азыркы кезге чейин ошол эле от алоолонуп жатат жана анын жанында өтүп бара жаткандар үчүн орун бар.
ЭПИЛОГ
УИЛЬЯМДЫН ЗАБУРУ
1943-жылдын 3-сентябрында сегизден он жети мүнөт өткөндө Лондондун үстүнөн САК (Согуштук Аба Күчтөрү) сиренасынын ачуу үнү чарылдап калды. Өтүп бара жаткан жолоочулар тротуарларда жана бульварларда асманды карап, турган жеринде катып калышты. Машиналар тормозду тебишти. Токтогон автобустардан жүргүнчүлөр шашкан бойдон түшүп жатышты. Алыстан зенитканын огунун үнү угулду. Артилеристтер абдан жакын жерде жарк эткен ракетаны жапырт кое беришти. Көчөлөрдө онтоолор жана ачуу кыйкырыктар угулуп жатты. Кээ бир адамдар жерге көмкөрөсүнөн жата калышты. Башкалары болсо бетин колу менен жаап алышып, кыйкырып жатышты:
— Бомбалай башташты! Бомбалай башташты!
Баары душмандын учактарын абайлап карап калышты. Аларды эч ким көрбөгөнү жөнүндөгү чындык жалпынын коркунучун таптакыр токтото алган жок.
Жашоочулар «Бетнал Грин» станциясынын метросуна чуркашты, ал жерге беш жүздөй адам качып кирген болчу. Кийинки он мүнөттө аларга дагы бир жарым миң адам кошулганга ниеттенди.
Чуркап кирип бара жаткан көпчүлүк кире бериш тепкичке келгенде мушташ башталды. Колунда баласы бар аял ылдый түшкөн он тогуз тепкичтен турган бузулган секичеден түшүп бара жатып, мүдүрүлүп кетти.
Анын денеси агымдын жолун бүтөп койду, анан анын үстүнө ондогон адамдар домино сыяктуу чачырап кетти. Эсептелүү секундалар ичинде жүздөгөн адамдар алсыз оонап жаткан үймөнү пайда кылышты, ал формасы жок, кудум эле, чогулган бир топ кир кийимдей көрүндү. Аларды атайылап ичкери киргизбей койгондой (ылдыйда орун жетиштүү болсо дагы) чуркаганын уланткан адамдар абалды ого бетер күчөтүп жиберди. Алар салмак менен түртө башташты. Хаос чейрек сааттан ашык убакытка созулду. Жапа чеккен адамдарды түн жарымга чейин алып чыгарышты. Жыйынтыгында эркектер, аялдар жана балдар болуп баары 173 адам каза болуптур.
Лондонго бир да бомба ташталган жок.
Бул адамдарды бомбалар өлтүргөн жок. Аларды коркунуч өлтүрдү[70].
Коркунуч оңой эле дүрбөлөңгө түшө калчу адамдарды сүйөт. Анын дивиденттери — маанисиз истерика, азапка салчу чочуркоо, уйкусуз түндөр. Акыркы убактарда ал жаман эмес түшүм жыйнап жатат.
Сизге ойлонуу үчүн мына мындай суроо. Кезектеги «сиз коркунучтасыз» деген эскертүүнү угууга канчалык деңгээлде даярсыз? Сиз кырсыктасыз деген сигналгачы? Сизге гезиттин беттерин барактап коюу жетиштүүбү? Радиону иштетүүчү? Өзүңүздүн компьютериңиз аркылуу Интернетке киресизби? Эгерде массалык-маалымат каражаттарына ишене турган болсоңуз, азыркы убакта бул жашоо жөн гана үрөй учуруучу.
Ошондой эле, биз бул нерсе атайын максатка умтулган компаниянын жыйынтыгы деп шектенебиз. Коркунуч жакшы сатылат. Коркунуч телекөрүүчүлөрдү отурган орундугуна жабыштырып коет, көргөзмөдөгү журналдарды чогултуп алганга мажбур кылат, чегинен ашып түшкөн пайдаларды келтирет. Жаңылык программалары «Мындан ары: рулда бара жаткандар үчүн жагымсыз жаңылык»; «Шоколад эмне үчүн сиздин интеллектуалдуулук коэффициентиңизди түшүрүп жиберет»; «Коркунучтан качып кутулуш үчүн эмне кылыш керек»; «Биз кандай сууну ичип жатканыбызды билебизби?» деген фразалар аркылуу биздин көңүлүбүздү курчутканды үйрөнүп алышты.
Фрэнк Фуреди «коркунучтуу» деген сөздүн британдык гезиттерде колдонулуу жыштыгын эсептеп чыгуу менен, массалык-маалымат каражаттарында коркунуч индустриясынын өскөнүн документалдуу түрдө далилдеген. 1994-жылы ал 2037 жолу кездешкен. Кийинки жылда болсо бул сан эки эсеге көп болгон. 1996-жылы ал элүү пайызга көбөйгөн. 2000-жыл аралыгында «коркунучтуу» деген сөз он сегиз миң жолу басылган[71]. Кантип эле алты жыл аралыгында биздин дүйнө тогуз эсе коркунучтуу боло түшсүн? Бизге эң начар жаңылыктарды жаадырып жатышат. Глобалдык ысып кетүү, астероид менен кагылышуу, атиптүү пневмония, геноцид, согуштар, жер титирөөлөр, цунами, ЖИКС… Качандыр бир кезде бул токтойбу? Эң начар жаңылыктар өзүнүн алымын алып жатат. Биздин бүгүнкү күндөгү маданиятыбызда өтө күчтүү чочулоочулук качандыр бир мезгилде жашап өткөндөргө караганда өтө эле күчтүү даражада. Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөндөн бери, ата-энелер биринчи жолу өздөрүнө караганда кийинки муун өздөрү жашаганга караганда жаман жашайт деп эсептеп жатат[72].
Өмүрдүн орточо узактыгы узарганы менен, медициналык изилдөөлөр мурда болуп көрбөгөн бийиктикке көтөрүлгөнү менен, көчөлөрдө бубон чумасы жайылып жүрөт деп ойлосок болот. Журналист Боб Гарфилд ден соолук темасында бир кыйла таасирдүү басмаканаларга кат жолдоду жана төмөндөгүдөй медициналык көйгөйлөрдү таап чыкты,
• 59 миллион америкалыкта жүрөк оорусу бар;
• 53 миллион америкалык шакыйдан азап тартат;
• 25 миллион америкалык остеопороз менен ооруйт;
• 16 миллиону ашыкча толуп кеткендиктен арыла албай жүрөт;
• 3 миллионунда — рак;
• 2 миллионунда мээнин иштешинин бузулуусу бар.
Эгерде бардык маалыматтарды суммалап чыга турган болсок, анда 543 миллион америкалык өзүн бул же тигил олуттуу оорунун курмандыгы деп эсептейт, — бул сан түйшүккө салуучу сан, анткени биздин өлкөдө болгону 266 миллион адам жашайт. Гарфилд байкагандай, «же биздин коомубуз тарыхый түрдө ооруга байланып калган, же биздин ичибизден кимдир бирөөсү чын эле эки жүздүүлүк кылып жатат»[73].
Абдан, бул абдан жугуштуу дүрбөлөң. Ал бизди жутуп жибергиси келгендей. Тынчтыкты сактагандардын арасында бололу. Келиңиз, коркунучту моюнга алабыз, бирок башыбызды жоготуп койбойбуз. Эсибизде болсун, биз бардык убакта кайсы бир тобокелчиликке барабыз, бирок коркунучка алдырып койбойбуз. Башкалар миазма менен дем ала берсин, бирок биз эмес. Башка үндү — Кудайдын үнүн уккандардын катарына кирели. Үмүт үзүлүүнүн ачуу кыйкырыктарына, кол жуугандыктын онтоолоруна токто дейли. Уолл-стриттеги коркунуч туудуруучу көзү ачыктык кылуучуларга жана гезиттик коркунучтарды сатуучуларга качанга чейин кулак сала беребиз? Биз көз карашыбызды жана кулагыбызды — жогору жакка бурабыз. Биз Жаратуучубузга жүзүбүздү буралы жана Анын жардамы менен азыраак коркуп калабыз.
Эр жүрөктүүлүк дүрбөлөң салбайт, ал сыйынат. Эр жүрөктүүлүк ыйлабайт, ал табынат. Эр жүрөктүүлүк үмүтүн үзбөйт, ал кулак салат. Ал Ыйык Жазуунун баарында бизди: «Коркпогула!» — деп чакырган Кудайдын үнүнө кулак салат. Ал бизди оорукананын коридорлорунда, мүрзөлөрдө, согуш талааларында дайыма соороткон Машайактын үнүнө кулак салат:
…Коркпо, балам! Күнөөлөрүң кечирилди.
…Кайраттангыла! Бул Менмин, коркпогула!
Ошондой эле алыс жана жакын жерде болуп жаткан согуштар жөнүндө угасыңар. Бирок коркпогула!
Кайгырбагыла.
Кайгырбагыла жана коркпогула.
Ошондуктан коркпогула, силер топ таранчыдан кымбатсыңар.
Биз Уильям Фарристин таң калыштуу үлгүсүн жолдойбуз, ал жети жаштагы бала боло туруп, өзү туулуп-өскөн үйү өрттүн жалынында күйүп бара жатканын карап турган. Ал — Батыш Африкадагы «Пайонир Байбл транслейторстогу»[74] Ыйык Китепти которуучулардын уулу, динозаврларга жана башка жаныбарларга болгон ашып-ташыган кызыгуусу бар абдан жөндөмдүү бала. Анын үй-бүлөсү ичке тунукеден жабылган тамы бар, самандан жоон катар кылып төшөлгөн үйдө жашачу. Бир жолу шамал алардын үйүнүн тамына оттон чыккан чокту алып учуруп келет да, андан жалын тутанып кетет.
Фарисстер үйүн сактап калганга аракет кылышты, бирок күндүн куйкалаган нурунан улам аларда мүмкүнчүлүк болгон жок. Алардын жашаган үйүнүн тамынан башка эч нерсеси калбай, баары күйүп күл болгонун колунан эч нерсе келбей карап турушканда, Уильямдын апасы уулунун сыйынып жатканын угуп калат. Ал анын сыйынуусу забур сыяктуу сыйынуу экенин түшүнөт, а бир канча күндөн кийин болсо, уулунун кантип сыйынып жатканын кайрадан угуп, анын сөздөрүн дароо жазып алат.
Өрттүн коркунучтуу жалынынын арасында бала Кудайдын жүзүн айырмалай алган. Уильям Кудайга табынган жана корккон эмес. Биз ушундай кыла албайбызбы?
Чын эле, Уильям. Чын эле ушундай.
ТЕРЕҢИРЭЭК ИЗИЛДӨӨ ҮЧҮН КОЛДОНМО
«Эр жүрөктөр» китебин тереңирээк изилдөөгө арналган бул колдонмону группалык сабактарда колдонууга болот жана анда камтылган ойлор менен идеяларды жакшыраак түшүнгүсү келгендер жеке изилдөөсүндө колдонсо да болот. Ар бир сабак үч бөлүмдөн турат:
•
•
•
1-бөлүм
Биз эмне үчүн коркобуз?
КОРКУНУЧТУ ИЗИЛДӨӨ
1) «Кандай кооптонуулар болгонуна карабастан, сиздин жашооңуз чыныгы эркиндикте болгонун элестетип көрүңүзчү. Эгерде сиз бардык нерсеге коркунуч менен эмес, ишеним менен мамиле кылганыңызда, эмне сизди коркунучка сала алмак? Эгерде сиз жүрөгүңүздүн үстүнө коркунучту, ар түрдүү кооптонууларды, ишенбестикти жана шектенүүлөрдүн баарын калтырбай тартып ала турган магнитти орноштуруп койгонуңузда, жүрөгүңүздө эмне калмак? Сиз коркунучу жок жашоону элестете аласызбы?»
А. Берилген суроого жооп бергенге аракет кылып көрүңүз. Эгерде сиздин жүрөгүңүздөн бардык коркунучтар кеткенде, жашооңуз кандайча өзгөрүлмөк?
Б. Сиз кайсынысына жакынырааксыз: ката кетирүүнүн, четке кагылуунун же бактысыздыктын коркунучунабы? Бул нерсе сиз жөнүндө эмнени айта алат?
2) «…Машайак менен бирге кайыкка түшүү аны менен кошо суу болууну билдирет. Шакирттер деңиздин толкундуу, а шамалдын болсо каардуу болоорун күтүшкөн болсо керек».
А. Эмне үчүн Машайак менен бирге кайыкка түшүү Машайак менен кошо суу болууну билдирет? Эмне үчүн бул асман ачык, сүзүү болсо жайбаракат болоорун билдирбейт?
Б. Эмне үчүн көптөгөн ишенгендер деңиздин толкундуу, а шамалдын болсо каардуу болоорун
3) «Коркунуч биздин Кудайдын ырайымдуулугуна болгон ишеничибизди жоготот. Биз өзүбүзгө бейиште сүйүү бар бекен деген суроону беребиз».
А. Коркунуч кандай жол менен биздин Кудайдын ырайымдуулугуна болгон ишеничибизди талкалап коет? Бул сиздин жашооңузда кандайча болуп өткөн?
Б. Сиз акыркы жолу өзүңүзгө бейиште сүйүү барбы деген суроону качан бердиңиз эле? Бул кандай абалда болуп өткөнүн сүрөттөп бериңиз.
4) «Коркок адам сүйө албайт, анткени сүйүү — тобокелчилик. Акылдуулар жардыларга бере алышпайт. Кайрымдуулук кылганың жүз эселеп кайтып келет деген кепилдик жок. Корккондор эч шектенбестен кыялдана алышпайт. Алардын кыялдары асманда өчүп калып, жерге кулап түшсө эмне болот? Коргонучка жашынуу жан дүйнөнүн айкөлдүгүн алсыратат».
А. Эмне үчүн коркунуч биздин сүйө билүү жөндөмдүүлүгүбүздү азайтып жиберет? Эмне үчүн коркунуч биздин айкөл болушубузга тоскоол болот? Эмне үчүн коркунуч биздин кыялдарыбызды өчүрүп салат?
Б. Сиз коргонучка жашынып жатканыңызды түшүнүп калган учурларыңыз болду беле? Эгерде ооба болсо, сизди буга эмне түрттү? Кандай жол менен коркунуч жан дүйнөнүн айкөлдүгүн алсыратат? Коркунуч кантип сизди кандайдыр бир маанилүү нерсени аткарууга болгон аракеттен кармап турат?
5) «Ыйса эң көп айткан насаат: коркпогула деген насаат болгон».
А. Эмне үчүн Ыйса так ушул насаатты көп айткан? Бул бизге адам баласынын жан дүйнөсү жөнүндө эмнени айтып турат?
Б. Сиз канткенде коркпой калмаксыз? Эмне бизди коркунуч сезиминен арылтат?
КОРКУНУЧТУН БЕТИН АЧУУ
1) Мт. 8:23–27-аяттарды окуңуз.
А. Мт. 8:26-аятта Ыйса коркунуч менен ишенимдин ортосундагы кандай байланышты ачыкка чыгарып жатат?
Б. Төмөндөгү билдирүүгө комментарий бериңиз: «Ыйса кайыкта сиз менен бирге болгондо, Ал ойгоо турабы же катуу уктап жаткан болобу, сиз эч нерседен коркпой эле коюңуз».
2) Жкн. 16:33-аятты окуңуз.
А. Ыйса бул жерде биздин бул дүйнөдөгү жашообуз үчүн кандай убадаларды берип жатат?
Б. Ыйса Өзүнүн жолдоочуларына эмнени сунуш кылып жатат? Бул сунуш эмнеге негизделген?
3) 2 Тим. 1:7-аятты окуңуз.
А. Кудай Өзүнүн балдарына кайсы рухту
Б. Кудай Өзүнүн балдарына кайсы рухту
КОРКУНУЧ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ
1) Өзүңүздүн акыркы жумалардагы коркунучтарыңызды анализдеп чыгыңыз. Аларды эмне пайда кылыптыр? Сиз аларды эмне кылдыңыз? Аларга каршы туруш үчүн, сиз Кудайдан кандай жардам сурадыңыз? Сиз кандайдыр бир мыйзам ченемдүүлүктү көрө алдыңызбы, эгерде ооба болсо, анда ал кандай мыйзам ченемдүүлүк?
2) Бир жума бою 2 Тим. 1:7-аят жөнүндө ой жүгүртүңүз, кайсы варианттагы котормону колдоноруңузду сиз өзүңүз тандап алыңыз. Аны акылыңызда мүмкүн болушунча көбүрөөк кайталаңыз.
2-бөлүм
Жасалмалуулар айылынын жашоочулары
КОРКУНУЧТУ ИЗИЛДӨӨ
1) «Деги биз кандайдыр бир мааниге ээбизби? Эч нерсеге арзыбайбыз деп коркобуз. Өмүрүбүздү маанисиз, белгисиз, эч кандай баага турбаган адам катары жашап өтөбүзбү деп коркобуз. Жоголуп кеткенден коркобуз».
А. Сиз качандыр бир кезде Кудай үчүн эч ким эмесмин деп корктуңуз беле? Түшүндүрүп бериңиз.
Б. Өзүңүздү маанисиз адаммын деп ойлогон сезимиңиз менен кантип күрөшөсүз?
2) «Белгилүү бир адамга чиркешип ал, ошондо өзүң да өзгөчөлөнүп чыга келесиң, туурабы?»
А. Кайсы бир белгилүү адам менен, кайсы бир кумир менен жекече тааныштыгыңыз бар экенин эскертип, көпчүлүктөн бөлүнүп чыгуу азгырыгы сизде качан күчтүүрөөк болот?
Б. Кайсы бир белгилүү адамдын эсебинен өзүңдү көрүнүктүү кылуу аракети эмне үчүн бир аз убакытка созулган канааттанууну деле алып келбейт?
3) «Алар [Кытайдагы дүлөй балдардын баш калкалоочу жайындагы балдар] менин китебимди окушканда жана алардын ар кимиси аларды сүйгөн Жаратуучу тарабынан жаратылган үчүн гана баалуу болгону ачылып берилгенде… баары ыйлай башташты — ал тургай мугалими дагы алар менен кошо ыйлады! Бул абдан таң калыштуу болду!»
А. Сизди сүйгөн Жаратуучу тарабынан жаратылгансыз деген идея сизге кандай таасир этет? Сиз өзгөчө баалуу экениңизди сезесизби? Түшүндүрүп бериңиз.
Б. Ыйык Жазууда сиздин Кудайдын бейнеси боюнча жаратылганыңыз айтылган. Бул сиз үчүн эмнени билдирет? Эгерде сиз Кудайдын бейнеси боюнча
4) «Сиздеги — эч нерсеге арзыбаган адаммын деген коркунуч жашооңузду бузуп, кайсы бир программага, көрсөтмөгө айланып калышы мүмкүн».
А. Сизде өзүңүздү маанисиз адам катары сезүү азгырыгы кайсы мезгилде күчтүүрөөк болот? Сизде акыркы жолу мындай сезим качан болгонун сүрөттөп бериңиз.
Б. Маанисиз адаммын деген коркунуч кантип кандайдыр бир программага, көрсөтмөгө айланып калат? Эмне үчүн ал сиздин жашооңузду талкалайт? Сиз буга байланыштуу эмне кыла аласыз?
5) «Асмандагы жылдыздан да жогору, Мен аркылуу баалангансың, балам сен. / Ошондуктан Мага ишен, Мага таян, / Жерде болсо жүрө бер бутуң менен».
А. Сизди ушунчалык жогору баалашарына ишенесизби? Түшүндүрүп бериңиз.
Б. «Жерде болсо жүрө бер бутуң менен» деген сөздөр бул жерде эмнени билдирип жатат? Сиз муну жеке жашооңузда кантип колдоно алмаксыз?
КОРКУНУЧТУН БЕТИН АЧУУ
1) Лк. 12:4–7-аяттарды окуңуз.
А. Биз кимден коркпошубуз керек? Эмне үчүн?
Б. Биз кимден коркушубуз керек? Эмне үчүн? Бул кандай түрдөгү коркунуч?
В. Коркунучка алдырбаш үчүн Ыйса кандай себептерди атайт?
2) Забур 138:14–18, 23–24-аяттарды окуңуз.
А. Кудайдын жеке сиз үчүн кандай ойлору бар? Анда сиз үчүн канчалык көп ойлору бар?
Б. Забур 138:14–18-аяттарда айтылгандар забурчуга өзүнүн 138-Забурунун 23–24-аяттарда айтылган суранычын билдириш үчүн, кандай ишенимдүүлүктү берет?
3) Эф. 2:10-аятты окуңуз.
А. Кудай бизди эмне үчүн жараткан? Эмне үчүн бул бизге ишенимдүүлүктү бериши керек?
Б. Биз эмне үчүн Кудайдын биз жөнүндөгү оюн түшүнгөнгө күчүбүз жетерине ишенишибиз керек?
КОРКУНУЧ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ
1) Машайактын айкаш жыгачка кадалганы жөнүндө ой жүгүртүңүз. Айкаш жыгач Кудайдын бизге болгон сүйүүсүнүн күчү жөнүндө эмнени айтат?
2) Эгерде Кудай адамдар жөнүндө
3-бөлүм
Кудай менден чарчады
КОРКУНУЧТУ ИЗИЛДӨӨ
1) «Койо берилген топ жөнүндөгү эскерүүлөр акырындык менен жоголот. Алар бир гана коркунучту — биз адамдардын көңүлүн калтырабыз, командабызды уят кылабыз, үмүттөрүн актабай калабыз деген коркунучту пайда кылат. Керек болгон мезгилде өз милдетимди аткарбай жатам, башкалар менин кыйшык колуман жабыр тартып жатышат деген коркунучту жаратат».
А. Сизди көп учурда «койо берилген топ» жөнүндөгү эскерүүлөр аңдып жүрөбү?
Б. Мындай ойлор жүрөгүңүздү өйүгөндө сиз адатта эмне кыласыз? Аларга жабышып аласызбы? Жараңызды ырбатып жибересизби? Сыйынасызбы? Аларды башыңыздан кууп жибергенге аракет кыласызбы?
2) «Эр жүрөктүүлүк күнөөнүн көйгөйүн чечүүдөн башталышы мүмкүнбү?»
А. Эмне үчүн биздин күнөөбүз Кудайды капа кылат?
Б. Эмне үчүн эр жүрөктүүлүк күнөөнүн көйгөйүн чечүүдөн башталат? Көбүнчө эр жүрөктүүлүктүн жоктугун эмне пайда кылат?
3) «Өтө корккон адамдар кандай кылса, Адам менен Обо да ошондой кылышты. Алар качып кутулганга аракет кылышты».
А. Кудайды иренжитип алганыңызда жана коркунуч сизди каптап калганда, сиз өзүңүз кантип «качып кутулуп» кетесиз?
Б. Сизди коркунуч азапка салганда, сиз үчүн качып кетүүгө караганда кайсы нерсе жакшыраак? Эмне үчүн?
4) «Кудай биздин катачылыктарыбыздын эсебин жүргүзбөйт. Анын сүйүүсү биздин коркунучубузду кууп чыгат, анткени Ал биздин күнөөлөрүбүздү кууп чыгат!»
А. Эмне үчүн Кудай биздин катачылыктарыбыздын эсебин жүргүзбөйт? Бул Аны иренжитип алуудан болгон коркунучуңузга үстөмдүк кылышыңызга кантип жардам берет?
Б. Сиз Кудайдын чексиз сүйүүсүн сезгениңизде коркунучтарыңыз менен эмне болот? Өзүңүздү Кудай таштап салгандай сезгениңизде, коркунучтарыңыз менен эмне болот?
5) «Анык көрүнгөн, анык сезилген ырайымдан башка эч бир нерсе жүрөктө эр жүрөктүүлүктү ойгото албайт. Ырайымды түшүнбөстүктөн башка эч бир нерсе жүрөктөгү коркунучту ойгото албайт».
А. Сиз ырайым жөнүндө эч качан укпаган адамга ал тууралуу эмнени айтмаксыз? Сиз өзүңүздүн жеке жашооңуздан ырайымды алагыныңыз жөнүндөгү кайсы үлгүнү келтирмексиз?
Б. Кудай Өзүнүн ырайымдуулугун кантип көрсөтөт? Дал ушул учурда Анын кайсы ырайымы сизге баарынан көп керек болуп жатат?
КОРКУНУЧТУН БЕТИН АЧУУ
1) Кол. 1:13–14-аяттарды окуңуз.
А. Машайакка ишенгендер эмнеден арылган жана эмнеден куткарылган?
Б. Ишенгендер кандай жол менен кун төлөнүп куткарып алынган? Бул кун төлөп куткарып алуу эмнени талап кылат?
2) Жкн. 3:16–18, 36-аяттарды окуңуз.
А. Кудай эмне үчүн Өзүнүн Уулун бул дүйнөгө жиберген? Уулунун келиши
Б. Уулуна ишенгендерге кандай чындык тиешелүү? Уулуна ишенбегендерге кандай чындык тиешелүү?
3) Жкн. 6:37–40-аяттарды окуңуз.
А. Ыйса эмне үчүн асмандан келген? Анын максаты кандай?
Б. Кудайдын Уулуна ишенгендерге Анын эрки кандай?
КОРКУНУЧ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ
1) Кудайды капа кылып алган адамдар — Петир (Мр. 14:27–31; Жкн. 21:15–19), Дөөт (2 Шем. 11), самариялык аял (Жкн. 4:1–42) жөнүндө айтылган ыйык китептеги окуяларды изилдеңиз. Алардын окуясы сиз Кудайды капалантып алганыңызда кандай жол менен сизде үмүттү пайда кылат?
2) Машайактын берилген жана кызганчаак жолдоочусун таап, андан Кудайды капа кылып алдым деген сезими менен кантип күрөшүп жатканын сураңыз.
4-бөлүм
Түйшүктөр менден кеткиле
КОРКУНУЧТУ ИЗИЛДӨӨ
1) «Нервоз мырзада жоопторуна караганда суроолору көп, оор милдеттерди аткарганга жете турган күчүнө караганда, оор милдеттердин өзү көп, ал көп жолу — баарына кол шилтеп салсам болбойбу? — деп ойлонот».
А. Эмне үчүн тынчсыздануу көп суроолорду пайда кылат? Адатта бул кандай суроолор болот?
Б. Эмне үчүн тынчсыздануу көп учурда күч жумшоо пайдасыз деген ойлорго алып келет? Акыркы жолу тынчсыздануу сизди баарына кол шилтеп салганга түрттү беле? Андан ары эмне болду?
2) «Жетишпестик жана ресурстардын жетишсиздиги биздин жолубузга коркунучтуу тоскоолдук болуп туруп алган. Жолу болбогондук, убакыттын, акылдын жана билимдин жетишсиздиги. Кудум эле, бизде баары түгөнүп бараткандай болот, ошондуктан биз ушунчалык коркобуз. Бирок коркунучтар эч нерсеге жардам бербейт».
А. Сизге так эмне жетишпей жатат, эмненин айынан сиз ушунчалык тынчсызданып жатасыз?
Б. Эмне үчүн тынчсыздануулар жетишпеген нерсени толтурууга жардам бербейт? Эгерде тынчсыздануулар жардам бербесе, анда тынчсызданышыбыздын эмне кереги бар?
3) «Кадимки мыйзам ченемдүү бушайман болгондук коркунучтун айынан араккечтин жашоосундай үмүтсүз жашоого айланып калды. Мен невроздук абалдын чек арасына кадам таштадым. Андан ары эч нерсени пландаштырбастан жана эч нерсеге даярданбастан, мен кайгы менен бир тууган болуп алдым: “Оо, шордуу жаным, шордуу жаным”».
А. Сиз невроз абалын кандайча сүрөттөп бермексиз? Ал тынчсыздануудан эмнеси менен айырмаланат? Сиз неврозго канчалык жакынсыз? Сизди неврозго эмне баарынан көбүрөөк түртөт?
Б. Сиз «О, мага кайгы» менен бир тууган болуп алуудан кантип качып кутулмаксыз?
4) «Ыйса биздин өз милдетибизди аткаруу үчүн болгон мыйзам ченемдүү убарачылыгыбызды эмес, биздин жашообузга Кудайдын катышуусун четке каккан акылдын түзүлүшүн соттоп жатат».
А. Сиз өз милдеттериңизди аткаруу жөнүндөгү түйшүктөрүңүз менен тынчсыздануунун ортосуна кайсы жерге сызык коймоксуз?
Б. Сиздин оюңузча, биз эмне үчүн кайсы бир нерсе жетишпей калганда дароо эле Ыйсага кайрыла койбойбуз?
КОРКУНУЧТУН БЕТИН АЧУУ
1) Мт. 6:25–34-аяттарды окуңуз.
А. Бул жерде Ыйса тынчсызданбаш үчүн кайсы себепти атап жатат?
Б. Бизге жетишпеген нерсе жөнүндө тынчсыздангандын ордуна биз эмне кылышыбыз керек? Муну кантип иш жүзүнө ашырууга болот?
2) Жкн. 6:1–13-аяттарды окуңуз.
А. Шакирттер эмненин жетишпей калуусуна дуушар болушту? Алар мындай абалда өздөрүн кандай алып жүрүштү? Ыйса алардын руханий горизонтун кеңейтиш үчүн бул абалды кантип колдонду?
Б. Жкн. 6:6-аят сиздин бул текстти түшүнүшүңүзгө кандайча таасир этет? Ал сиз туш болгон кайсы бир нерсенин жетишпестиги жөнүндөгү абалдар тууралуу эмнени айта аласыз?
3) Жкн. 15:7-аятты окуңуз.
А. Ыйсада болуу деген эмнени билдирет?
Б. Ыйсанын сөздөрү бизде болот деген эмнени билдирет?
В. Бул жерде Ыйса Өзүнүн осуяттарын аткаргандарга кандай убаданы берип жатат? Сиздин бул убаданы түшүнүшүңүзгө бул контекст кандай жол менен таасир этет?
КОРКУНУЧ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ
Эгерде сиз өзүңүздүн бир нерсенин жетишпей калуусу жөнүндөгү коркунучуңуздан арылгыңыз келсе жана анын ордуна тең салмактуулукта болуунун терең сезимине ээ болгуңуз келсе, анда бир жумадан кем эмес убакыт бою мындай көнүгүүнү аткарыңыз:
1) толкунданууну басыңыз (Заб. 36:7-аятты караңыз);
2) сыйыныңыз (1 Пет. 5:7-аятты караңыз);
3) коркунучтарыңызга кыймыл-аракетиңиз менен үстөмдүк кылыңыз (Мт. 25:14–28-аяттарды караңыз);
4) сизди тынчсыздандырган нерселердин баарын тизмелеп чыгыңыз (Лк. 10:41-аятты караңыз);
5) ошол тизмеге анализ жүргүзүңүз (Мт. 6:25–27-аяттарды караңыз);
6) чындап жашаңыз (Мт. 6:34; Эвр. 4:16-аяттарды караңыз);
7) ашыкча түйшүктөрдөн арылыңыз (1 Тес. 5:24-аятты караңыз);
8) Кудай бар экени, Анын кудуреттүү экени эсиңизде болсун (Мт. 6:28–33-аяттарды караңыз).
5-бөлүм
Менин балам коркунучта
КОРКУНУЧТУ ИЗИЛДӨӨ
1) «Ата-энелик милдеттердин автопоезди бизге коркунучка шыкала жүктөлгөн абалда келет. Биз өз балабызды оңтойсуз абалда калтыруудан, ага керектүү нерсенин баарын бере албай калуудан коркобуз. Бизде жетиштүү акча болобу? Анын суроолоруна бере турган жообубузчу? Жалаякчы? Тартмадан орунчу? Эмдөөлөр. Окуу. Үй тапшырмасы. Үйгө кеч келүүлөр. Мунун баары ата-энени түнкү уйкудан калтырганга ашыгы менен жетиштүү».
А. Эгерде сизде балдарыңыз бар болсо, сиздин аларга болгон милдеттериңиздин кайсынысы сизди көбүрөөк тынчсыздандырат?
Б. Сиз балдарыңызга тиешелүү болгон коркунучтарыңыз менен кантип күрөшөсүз?
2) «Ыйса ата-эненин жүрөгүнүн оорусуна боору ооруйт».
А. Сиз Ыйсанын ата-энелер жана балдар менен болгон баарлашуусунун кайсы эпизоддорун эстей аласыз? Ал балдарга кандай мамиле кылган? Бул Анын сизге жана сиздин балдарыңызга карата жүрөктөн чыккан сезимдери жөнүндө эмнени айтат?
Б. Дал ушул тапта сиздин ата-энелик кайсы көйгөйүңүзгө Ыйсанын жардамы баарынан көбүрөөк керек болуп жатат?
3) «Өзүнүн балдарын дайыма Кудайга ишенип ташырып турган ата-энелер акылдуу».
А. Өзүңдүн балдарыңды Кудайга ишенип тапшырып туруу деген эмне? Сиз ушундай кыласызбы? Түшүндүрүп бериңиз.
Б. Эмне үчүн дайыма балдарыбызды Кудайга ишенип тапшырып берип турушубуз керек? Кандай учурларда сизде балдарыңызды Кудайга тапшырып бербөө азгырыгы пайда болот?
4) «Сыйынуу — ата-энелик коркунучтар суутулуш үчүн куюлган идиш».
А. Сыйынуунун жардамы менен ата-энелик коркунучтар кантип «муздатылат»?
Б. Сиз балдарыңыз үчүн сыйынууга жумшаган күч-аракетиңизди кантип сүрөттөп бере алмаксыз?
5) «Бир тарабынан коркунуч жалбарып чакырып жатат. Бир тарабынан үмүт ишендирип жатат. Трагедия, андан кийин ишенич. Жайыр эки үндү угуп жатат, кимисине кулак саларын чечип алышы керек. Биздин баарыбызда эле ушундай болот, туурабы?»
А. Сиздин балдарыңыз тууралуу эки карама-каршы үндү уккан учурларды сүрөттөп бериңиз.
Б. Сиз канткенде сиздин коркунучтарыңызды көкүткөн башка үндөрдү эмес, дайыма Ыйсанын үнүн угууну үйрөнө алмаксыз?
КОРКУНУЧТУН БЕТИН АЧУУ
1) Лк. 8:40–56-аяттарды окуңуз.
А. Кайсы тоскоолдуктардан улам Жайырга Ыйсанын жардамын кабыл алуу кыйын болгон?
Б. Бул окуя абдан жалбарып суранган сыйынууга жооптун кечеңдетилиши баш тартуу эмес экенин кантип көрсөтөт?
2) Рим. 8:31–32-аяттарды окуңуз.
А. Эгерде сиз Кудай сиз тарапта экенин билсеңиз баары кантип өзгөрүлөт?
Б. Кудай сизге баарын бергенге даяр экенин элчи Пабыл эмне менен далилдейт?
3) Башт. 22:1–18; Эвр. 11:19-аяттарды окуңуз.
А. Кудайдын Ыбрайымды сынаганы жөнүндө сиз кандай ойлойсуз? Кудай сизди сиздин балдарыңызга карата кантип сынайт?
Б. Ыбрайым мындай оор сыноодон ийгиликтүү өтүшүнө анын кандай ишеними жардам берген (Эвр. 11:19-аятты караңыз)? А сизде Кудайдын убадасына болгон ошончо ишеним барбы? Түшүндүрүп бериңиз.
КОРКУНУЧ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ
1) Төмөндө келтирилген Ыйык Жазуудагы убадалардын экиден кем эмесин тандап алыңыз жана аларды жаттаңыз, үч ай бою ар күнү ичиңизден кайталаңыз. Бул сиздин балдарыңыз үчүн болгон коркунучуңузга кандай таасир этерине көңүл буруңуз. Тексттер мындай: Мыйз. кайт. 4:40; 5:29; 30:19; Заб. 36:25; Накыл. 20:7; Элч. ишт. 2:38–39.
6-бөлүм
Мен ушунчалык тез чөгүп кетемин
КОРКУНУЧТУ ИЗИЛДӨӨ
1) «Бирок дал ошол бороон-чапкындын ичинде Ал Өз иштеринин эң мыктысын жасайт, дал ошол бороон-чапкында биздин көзүбүзгө аныгыраак көрүнөт».
А. Сиз өзүңүздүн жашооңузга кандай бороон-чапкындарды алып келдиңиз?
Б. Сиз бороон-чапкындын ичинде Ыйсаны кантип көргөнүңүздү айтып бериңиз.
2) «Эгерде Ыйса тегиз, жылмакай тынч турган суу үстү менен басып келгенде, Петир биринчи болуп кол чапмак, бирок анын кайыктан түшө турганына шектенем. Бороон-чапкындар бизди мурда жасап көрбөгөн аракеттерге түртөт».
А. Сиз кандай ойлойсуз, эгерде суунун үстү тегиз, жылмакай тынч турганда Петир кайыктан түшмөк беле? Түшүндүрүп бериңиз.
Б. Жашоодогу бороон-чапкындар сизди мурда кылып көрбөгөн кайсы иш-аракеттерге түрттү?
3) «Биз жашоо бизге алып келе турган, айлабызды кетирген кыйынчылыктар тууралуу унутпашыбыз керек. Кудайдын кылгандарына тигиле кароо менен, биз аларды тең салмактап алышыбыз керек. …Ыйсадан көзүңүздү албаш үчүн, керектүү болгон нерсенин баарын жасаңыз».
А. Сиз дал ушул тапта кайсы кыйынчылыктардан өтүп жатасыз?
Б. Сиздин жашооңузда Кудайдын акыркы жылдарда жасаган ишин сүрөттөп бериңиз.
В. Ыйсадан көзүңүздү албашыңыз үчүн сиз эмне кылышыңыз керек?
4) «Өзүңдүн коркунучуңа тамак бер, ошондо сенин ишенимиң ачкалыктан өлөт. Өзүңдүн ишенимиңе тамак бер, ошондо сенин коркунучтарың өлөт».
А. Сиз кантип өзүңүздүн коркунучтарыңызга тамак берип жаткан болосуз?
Б. Сиз өзүңүздүн ишенимиңизге тамак берип жатасызбы? Мындай кылганыңызда эмне болуп жатат?
В. Ишенимиңизге тамак беришиңизге эмне тоскоол болуп жатат?
5) «Ыйса сиздин бороон-чапкыныңызды да мурда эле токтотуп кое алмак. Бирок андай кылган жок. Ал сиздин да ошондой сабакты өздөштүрүшүңүздү каалап жаткан жокпу? Бул сабак болжол менен: «биздин бороон-чапкынды токтотконго бийлигибиз жок, бирок өзүбүздүн коркунучтарыбыздын үстүнөн бийлигибиз бар» дегенди билдирбейби?»
А. Жашоодогу бороон чапкындар кантип биздин Ыйса менен болгон мамилелешүүбүздү тереңдетет?
Б. Бул бороон-чапкындардын максаты эмне?
КОРКУНУЧТУН БЕТИН АЧУУ
1) Мт. 14:22–33-аяттарды окуңуз.
А. Бул текстте коркунучтун бул же тигил түрү канча жолу эскертилген?
Б. Ыйса бул коркунучтарга жооп иретинде эмне кылган?
2) Мт. 28:18–20-аяттарды окуңуз.
А. Ыйса Мт. 28:18-аяттагы Өзүнүн абалын кантип мүнөздөп берет? Бул бизге коркунучтарыбыз менен күрөшүп жатканда кантип жардам бериши керек?
Б. Ыйса Мт. 28:20-аятта кандай убаданы берет? Бул бизге коркунучтарыбыз менен күрөшүп жатканда кантип жардам бериши керек?
3) Рим. 8:35–39-аяттарды окуңуз.
А. Машайактын сүйүүсүнүн кайсы көрүнүшү бизге коркунуч менен күрөшүүдө жардам бериши керек?
Б. Биз «бардык кыя өтүп кетүүлөрдү» жеңип чыгып, атүгүл, улуу кыйынчылыктарга туш болгондо да, кантип салтанат кура алабыз?
КОРКУНУЧ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ
Бул жума ичинде коркунуч менен күрөшүүдө сизди куралдандыра турган бир иш-аракетти тандаңыз:
— Ыйык Жазуудан алынган цитаталарды жаттоо;
— улуу адамдардын өмүр баянын окуу;
— ишенимдүү машайакчылардын күбөлөндүрүүлөрү жөнүндө ой жүгүртүү;
— өзүңүздүн үмүттөрүңүздү Машайакка тапшыруу.
7-бөлүм
Менин текчемде ажыдаарлар бар
КОРКУНУЧТУ ИЗИЛДӨӨ
1) «Сиз эң көп эмнеден коркосуз? Айталы, көпчүлүктүн алдында шылдың болууданбы же жумушсуз калууданбы, жөн гана бийиктиктен же караңгылыктанбы? Эч качан жакшы күйөөнү таба албоодонбу же эч качан айыкпай каламын деппи? Сизди алдап кетишеринен, таштап кетишеринен, унутуп калууларынанбы?»
А. Бул суроого жооп бериңиз.
Б. Өзүңүздүн бул коркунучка болгон физикалык жана эмоционалдык реакцияңызды сүрөттөп бериңиз.
2) «Канчалаган адамдар өзүнүн бүт өмүрүн бассейндин жээгинде өткөрүп жүрүшөт болду экен? Этият бол деген үнгө кулак салышып. Ишенимдин сөздөрүн четке кагышып. Сууга бир жолу да секирбестен. …Эң жаман нерседен корккондуктан, жашоосундагы эң жакшы нерсеге эч качан ээ болушпайт».
А. Сиз жашооңуздун кайсы аймактарында «бассейндин четинде» турасыз? Эмне үчүн?
Б. Сиз өзүңүздүн жашооңузда коркунучтун айынан кайсы жакшы нерсени колдон чыгарып жибердиңиз?
В. Өзүңүздүн жашооңуздагы «сууга секиргиңиз» келген бир нерсени атаңыз.
3) «Кудай Өзүнүн күнөөгө болгон жек көрүүсүнүн баарын күнөөнү мойнуна алган Уулуна төгөт. Ыйса коркуп жатат. Өлүм алдындагы коркунучта турат. Ал ушул коркунучтардын баарын кантип жеңип өткөнү бизге өз коркунучтарыбызды кантип жеңип өтүшүбүз керектигин көрсөтөт. Ал сыйынган».
А. Эмне үчүн Кудай күнөөнү ушунчалык жек көрөт? Эмне үчүн Кудай Өзүнүн күнөөгө болгон жек көрүүсүнүн каарын күнөөнү мойнуна алган Уулуна төгөт? Ыйса «күнөөнү кантип мойнуна алган»?
Б. Кандай сыйынуу коркунучту баарынан жакшы жеңип чыга алат? Ыйса мындай сыйынуунун кандай үлгүсүн берген?
4) Мындан да жаман болот деп божомолдоонун эмне кереги бар? «Бизде, Кудайга ишенгендерде, олуттуу артыкчылыгыбыз бар. Биз жыйынтыгында баары жакшылыкка айланарын билебиз».
А. Сиз өз жашооңузда «эң жаманы» деген түрдөгү кандай коркунучка туш болдуңуз? Баары эмне менен бүттү? Сиз кайсы нерседе Кудайдын кылган иш-аракетин көрдүңүз?
Б. Ыйсанын шакирттери акырында баары жакшылыкка айланарын кайдан билишет? Бул билим бизге ушул жерде жана азыр эмнеси менен жардам берет?
5) «Ыйык Китеп окуткан нерсеге ишенүүгө биздин кайратыбыз жетеби? Эч бир бактысыздык акыр-аягында акталбай калбасына ишенебизби?»
А. Ыйык Китептеги кайсы жерлер эч бир бактысыздык жыйынтыгында оңдолбой калбашына сизди көбүрөөк ишендире алат? Ушундай жерлердин бир канчасын көрсөтүп бериңиз.
Б. Сиздин жүрүм-турумуңуз сиздин ишенимиңизге төп келеби? Түшүндүрүп бериңиз.
КОРКУНУЧТУН БЕТИН АЧУУ
1) Мр. 14:32–42-аяттарды окуңуз.
А. Ыйсаны кайсы «эң жаман нерсе» күтүп турган? Ал эмненин айынан ушунчалык корккон жана азап чеккен?
Б. Ал буга байланыштуу эмне кылган?
2) Эвр. 5:5–9-аяттарды окуңуз.
А. Эвр. 5:7-аятта Ыйсанын жер бетиндеги жашоосу кандайча сүрөттөлгөн?
Б. Эмне үчүн Ыйса да тил алчаактыкка үйрөнүшү керек болгон (Эвр. 5:8-аятты караңыз)? Бул аяттан эмнени өзүбүздүн коркунучтарыбыз менен күрөшүүдө колдонсок болот?
3) 2 Тим. 4:14–18-аяттарды окуңуз.
А. Пабыл үчүн кайсы жагымсыздыктар чыныгы кыйынчылык болуп калган? Буга байланыштуу ал өзүн кандай туткан?
Б. Теңир Пабылдын кайгысына кандайча жооп берген? Мындан кайсы нерсени сиздин кыйынчылыктарыңызга колдонууга болот?
КОРКУНУЧ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ
1) Мындай кылуу жагымсыз болсо деле, көшөгөнү ачып, өзүңүздүн коркунучтарыңызды биринин артынан бирин жылаңачтап салыңыз. Сиз аларды күндүзгү жарыкта изилдеп чыга турган болсоңуз эмне болот?
2) Сиз машайакчылардын коому менен бекем байланыштасызбы жана анын жашоосуна катышып жатасызбы, муну абдан олуттуу түрдө баалап көрүңүз. «Дени сак машайактык коом» — биздин коркунучтарыбыз өлө турган жер экенин билиңиз. Биз аларды Ыйык Жазуунун, салтанаттын жана ыйдын забурларынын жардамы менен жеңип өтөбүз. Биз аларды тобо кылуунун күндүү жарыгында эритип жиберебиз. Биз аларды Кудайга табынуунун шаркыратмасында жок кылабыз, көзүбүздү өзүбүздүн коркунучтарыбызга эмес, Ага бурабыз.
8-бөлүм
Бул каардуу планета
КОРКУНУЧТУ ИЗИЛДӨӨ
1) «Биз үмүт кылганыбызга карабастан, жакшы адамдар зордук-зомбулуктан арылган эмес».
А. Сиз бул дүйнөдө кандай зордук-зомбулукка дуушар болдуңуз?
Б. Сиз кандай ойлойсуз, эмне үчүн жакшы адамдар зордук-зомбулуктан арылтылган эмес?
2) «Өз сөзү менен ааламды кармап Турган жиндерди кууп чыгыш үчүн кандайдыр бир чоң нерсеге муктаж болбойт».
А. Эмне үчүн сиз Кудай Өзүнүн сөзү менен ааламды колдоп турганын билгениңиз маанилүү?
Б. Кудай кантип жиндердин каардуу иштерине катышпастан туруп, аларды башкара алат?
3) «Баатырдык милициянын коопсуздук чараларын күчөтүүдөн улам пайда болбойт, а руханий жеткилеңдиктин өсүшүнөн пайда болот».
А. Биздин руханий жеткилеңдигибиздин өсүшү кантип бизде баатырдыкты пайда кылат?
Б. Сиз кандай ойлойсуз, сизде баатырдык көппү? Бул сиздин руханий жеткилеңдигиңиз жөнүндө эмнени айта алат?
4) «Шайтан Анын жанынан кыя өтпөй туруп, сизге жакындай албайт».
А. Шайтан Анын жанынан кыя өтпөстөн туруп, сизге жакындай албастыгы сизди сооротобу? Түшүндүрүп бериңиз.
Б. Сиздин оюңузча, эмне үчүн Кудай кээде шайтандын сизге жакындашына уруксат берет? Анын максаты кандай?
5) «Бейиште болгон жакшы нерсени, тозокто болгон эң жаман нерсени алат да, аны үмүткө айландырат».
А. «Бейиштеги жакшы нерсени» жана «тозокто болгон эң жаман нерсени» сүрөттөп бериңиз. Эмне үчүн бейиштеги жакшы нерсе сөзсүз түрдө салтанат курат?
Б. Бейиштеги жакшы нерсе кантип тозоктогу эң жаман нерсени үмүткө айландыра алат? Бул үмүт жеке сизге кандайча таасир этет? Түшүндүрүп бериңиз.
КОРКУНУЧТУН БЕТИН АЧУУ
1) Башт. 50:15–21-аяттарды окуңуз.
А. Жусуптун агалары ага кандай зордук-зомбулукту көрсөтүштү (Башт. 37:11–28-аяттарды караңыз)?
Б. Бул зордук-зомбулук жөнүндө Жусуп өзү эмне деп айткан (Башт. 50:20-аятты караңыз)? Агаларынын кооптонууларын басыш үчүн, ал кандай аракет кылган? Бул жерде биз үчүн кандай сабак камтылган?
2) Дан. 3:1–29-аяттарды окуңуз.
А. Шадрах, Мейшах жана Абет-Негону эмненин айынан болгон зордук-зомбулук коркутуп жаткан?
Б. Дан. 3:17–18-аяттарга ылайык, алар кандай позицияны карманышкан? Аларга эмне болгон? Жыйынтыгында Небухаданасар эмне кылган?
3) Эвр. 11:35–40-аяттарды окуңуз.
А. Бул текстке ылайык, ишенимдин такыбаа адамдары кандай зордук-зомбулукка дуушар болушкан?
Б. Кайсы убада аларды бул азап аркылуу алып өткөн? Ушул эле убада кантип сиз менен бизди жетектей алат?
КОРКУНУЧ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ
Ыйса каардуу адамдардын колунан аябай азап чеккен. Эвр. 12:2–3-аяттарды жаттаңыз. Ыйса кантип айкаш жыгачтагы кыйынчылыктарды жеңип өткөн? Алсырап калбашыңыз үчүн жана ишенимдин жолунда руханий жактан кулап калбашыңыз үчүн Анын кылгандары жөнүндө ой жүгүртүүгө кошумча убакыт табыңыз.
9-бөлүм
Оюнчук акчалар
КОРКУНУЧТУ ИЗИЛДӨӨ
1) «Анын катачылыгы ал өзү үчүн пландаштырган нерседе эмес, анын пландарында Кудай үчүн орундун жок болгонунда болчу. Ыйса бул адамдын байлыгын уяткарган жок, анын менменсингендигин уяткарып жатат, андагы ой-пикирди эмес, ошол ой-пикирде Кудайдын болбогонун уяткарып жатат».
А. Сиздин финансылык пландарыңызда Кудайга кандай орун берилген?
Б. Кудайдан жана Анын көз карашынан алыс болгон жеке пландарга эмне болот?
2) «Ыйык Жазууда кайталанган күбөлөндүрүүлөр жана көрсөтмөлөр ачык: Кудай баарын башкарып турат. Ошондой эле, Ал биздин баарыбыздын энчибизди бөлүп берет. Өзүңүздүн байлыгыңызга эмес, Ага ишениңиз!»
А. Эмне үчүн баарын Кудай башкарып турганын эстөө маанилүү? Биз бул чындыкты унутуп калганыбызда эмне болот?
Б. Сиз Кудайга караганда акчага көбүрөөк ишенип калганыңызды качан жана кантип аныктай аласыз? Бул жерде башкы белгилер кандай?
3) «Жеке мүлктүн ашыкчалыгы, бул жеке мүлк канчалык адамга кымбат болгонуна карабастан, адам менен Кудайдын ортосуна туруп калышы мүмкүн. Жакырчылыктан менменсинүүгө алып бара турган алдын ала анык айтылган жол бар».
А. Эмне үчүн жеке мүлктүн ашыкчалыгы адамдын Кудайга болгон көз карашын өзгөртүп салышы мүмкүн?
Б. Эмне үчүн байлык көбүнчө текебердикке алып барат?
В. Жарды адам дагы маммонго табынышы мүмкүнбү? Түшүндүрүп бериңиз.
4) «Өзүнүн жашоосун акчага ишенип тапшыргандар — акылсыздар. Алар өздөрүн алдап кетүүчү жана өзгөрүп кетүүчү антиутопияга байлап коюшат».
А. Биз өз жашообузду кантип акчага ишенип тапшырабыз? Акчага болгон сүйүү кантип адамдарды акылынан адаштырат?
Б. Эмне үчүн акчага болгон сүйүү бизди дайыма антиутопияга алып барат?
5) «…Кирип келе жаткан коркунуч тирүү Кудайга болгон ишенимге алмашсын. Акыр-аягында, бул болгону «Монополиядагы» фишкалар. Оюн бүткөндөн кийин бардык фигуралар кутуга кайтып салынат».
А. «Кыштын жакындап келе жатканынан» сиз канчалык коркосуз? Сиз бул коркунучту кантип баса алмаксыз?
Б. Эгерде сиз реалдуу акчалардан болгону «Монополиянын» фишкаларын көрө турган болсоңуз, бул сизге жардам береби? Эмне үчүн ооба же эмне үчүн жок?
КОРКУНУЧТУН БЕТИН АЧУУ
1) Лк. 12:16–21-аяттарды окуңуз.
А. Эмне үчүн бул үлгү-насаат аңгемеде Кудай бай адамды акылсыз деп атап жатат?
Б. Кудай менен баюу деген эмнени билдирет? Сизде ушундай байлыктын түрү барбы? Түшүндүрүп бериңиз.
2) Тим. 6:6–10, 17–19-аяттарды окуңуз.
А. 1 Тим. 6:6–8-аяттарда кенен буюм-түйүмдүн кайсы түрү жөнүндө айтылат? Мындай кенен мүлккө кантип жетишүүгө болот?
Б. Эмне үчүн Пабыл байып кетүүгө умтулууну уяткарат? Акчага болгон сүйүүнүн эмнеси жаман?
В. 1 Тим. 6:17–19-аяттарда Пабыл байларга кандай насаат берет? Ал кандай убадалар жөнүндө айтат?
3) Накыл сөздөр 23:4–5-аятты окуңуз.
А. Ишенгендер өзүндө байлыкка карата кандай мамилени иштеп чыгышы керек?
Б. Эмне үчүн ишенгендер байлыкка азгырылбашы керек?
4) Мр. 12:41–44-аяттарды окуңуз.
А. Ыйса элдин курмандык салынчу кутуга акча салып жатканын карап отурганы эмне үчүн маанилүү? Бул нерсе сиз үчүн эмнени билдирет?
Б. Эмне үчүн Ыйса Өз мактоосуна татыктуу кылып жесир аялды тандап алган? Биз үчүн бул жерде кандай сабак камтылган?
КОРКУНУЧ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ
1) Өзүңүздүн финансылык абалыңызга карабастан, бул жумада Машайакка кызмат кылган жеке адамга же группага өзүңүздүн колуңуздан келгенге караганда берешендик менен курмандык кылыңыз. Сиздин бергениңиз сизге жана сиздин жакындарыңызга кандай таасир кылганын күндөлүккө жазып коюңуз.
2) Кудай сизге берген акчаны кантип эң жакшы колдоно билериңизди баалоо үчүн финансылык консультант менен жолугушуу жөнүндө келишип алыңыз.
10-бөлүм
Өзгөчө корккондор
КОРКУНУЧТУ ИЗИЛДӨӨ
1) «Эгерде мүрзө жанды ашыгып алгандын ээлиги эмес, а бир жолу: «Топуракта жаткандар, ойгонгула да кубангыла!…» (Ыш. 26:19) деп Жар салгандын, жанды Сактоочунун ээлиги болсочу?»
А. Сиз бул суроого кантип жооп бермексиз?
Б. Сиз өлүмгө кандай карай турганыңызды сүрөттөп бериңиз.
2) «Ал [Ыйса] өлгөндөн кийинки өмүрдү гана эмес, эң мыкты жашоону убада кылган».
А. Сиз Ыйса Өзүнүн шакирттерине убада кылган ошол эң мыкты жашоону кандай элестетесиз?
Б. Бул эң мыкты жашоо сизге канчалык тааныш?
3) «Ыйса өлүк көмүүнү той сыяктуу үмүттүн булагына айландырып коет. Анын көздөрүндө мүрзөнүн башындагы өлүк көмүү өзү менен кошо чиркөөдө никелешүү сыяктуу толкундандыруучу окуяны камтышы керек».
А. Эмне үчүн өлүк көмүү машайакчыларга той бергенчелик үмүттү бериши керек?
Б. Сиз өзүңүздүн өлүмүңүздү маанилүү бир окуя катары күтөрүңүздү айта аласызбы?
4) «Тирилүү биздин жүрөгүбүзгө кирсин жана өлүмдүн жакындашына кантип карай турганыбызды аныктасын».
А. Адамдын өлүмгө болгон мамилеси кантип анын тирилүүгө болгон ишенимин ачып берет?
Б. Сиз практика жүзүндө бул ишенимди кантип өз жүрөгүңүзгө киргизе алмаксыз?
5) «“Өлүм — тиричиликтин жаңы бурулушу”. Андан коркуштун же андан бурулуп кетүүнүн кереги жок. Машайактын жардамы менен биз ага тике карай алабыз».
А. Өлүмдөн корккон бир таанышыңыз жөнүндө айтып бериңиз.
Б. Өлүм жөнүндө ойлобогонго аракет кылган бир таанышыңыз жөнүндө айтып бериңиз.
В. Сиз өзүңүздүн Машайакка болгон ишенимиңиздин жардамы менен өлүмдү кантип тосуп аласыз?
КОРКУНУЧТУН БЕТИН АЧУУ
1) Жкн. 14:1–3- аяттарды окуңуз.
А. Жкн. 14:1-аятта Ыйса бизге кандай убаданы берет?
Б. Жкн. 14:2–3-аятта Ал бизге кандай убадаларды берет? Эмне үчүн бул убадалар биздин коркунучубузду басышы керек?
2) 1 Кор. 15:20–27-аяттарды окуңуз.
А. Бул текстте өлүмгө болгон кандай көз караш берилген?
Б. Бул текст кантип биздин өлүм тууралуу коркунучубузду азайтат?
3) Эвр. 2:14–15-аяттарды окуңуз.
А. Кимде өлүмдүн үстүнөн бийлик болгон? Машайак кантип аны жана анын бийлигин жок кылган?
Б. Биз өлүмдүн коркунучунан кантип эркин боло алабыз? Бул коркунуч кандай мааниде кулчулуктун ар түрдүү көрүнүшү болуп саналат?
КОРКУНУЧ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ
Питер Крифттин «Сүйүү өлүмдөн күчтүү» же Герберт Локьердин «Такыбаалардын жана күнөөкөрлөрдүн акыркы сөздөрү» деген китептерин табыңыз. Машайакка болгон тирүү ишеним өлүм жакындаган кезде эмнеге жөндөмдүү болот?
11-бөлүм
Кофеин менен болгон жашоо
КОРКУНУЧТУ ИЗИЛДӨӨ
1) «Эх, эгерде биз жашоону өзүбүзгө бир чыны кофени буюртма бергендей буюртма бере алганыбызда кана! Сизге өзүңүздүн келечегиңиздин ингредиенттерин тандоо, аларды аралаштыруу жакпас беле?»
А. Жогоруда берилген суроого жооп бериңиз.
Б. Эгерде сиз өз келечегиңиздин ингредиенттерин тандап, аларды аралаштыра алганыңызда кандай болмок?
2) «Сиз Машайакка ишенип калаарыңыз менен, Ал сизге Рух берет, ошол Рух сизди жетектеп турат, сиздин ичиңизде болот. Кандайдыр бир рухту эмес, а
А. Ишенимдин жолунда сиз ар күн сайын Машайактын Рухуна кантип таянасыз?
Б. Ыйык Рух сиздин жашооңузда Машайак кандай аракет эткен болсо, ошондой аракет этерин билгениңиз эмне үчүн маанилүү?
3) «Өзгөрүүлөр — биздин жашообузду түзгөн качып кутулгус нерсе эмес, Кудайдын кыла турганын түзгөн качып кутулгус нерсе. Дүйнөнүн өзгөрүшү үчүн Анын колундагы курал болушубуз үчүн, Ал биздин статусубузду өзгөртүп турат».
А. Эмне үчүн өзгөрүүлөр — Кудайдын кыла турганын түзгөн качып кутулгус нерсе?
Б. Кудай сиздин статусуңузду кантип өзгөрттү? Ал азыр аны кантип өзгөртүп жатат болду экен?
4) «Бул жашоодо маанисиз болуп көрүнгөн нерсе келечектеги жашоодо терең мааниге ээ болуп калышы мүмкүн».
А. Бул жашоодо маанисиз көрүнгөн нерсе келечекте терең мааниге ээ болорун билгениңиз сиз үчүн пайдалуубу? Түшүндүрүп бериңиз.
Б. Сиздин жашооңузда азыр эмне маанисиз болуп көрүнүп жатат? Сиз окуялардын маанисин түшүнбөй туруп, алдыга жыла аласызбы?
5) «Эгерде бул дүйнө жалаң гана бакыттан турат деп эсептей турган болсок, анда мындай кемчиликтер ал үчүн фаталдуу болуп эсептелет. Бул сыноолор, алар канчалык каардуу болбосун, бизди келечектеги жашоого даярдаш үчүн, ал үчүн керек болгон нерсенин баарын бериш үчүн кызмат кылбайбы?»
А. Жер бетиндеги жашоону кандай мааниде эненин курсагындагы жашоого салыштырса болот? Сиз мындай салыштыруу менен макулсузбу? Түшүндүрүп бериңиз.
Б. Сиздин башыңызга келген сыноолор кантип сизди келечектеги жашоого даярдай алат?
КОРКУНУЧТУН БЕТИН АЧУУ
1) Жкн. 14:16–18, 26–27-аяттарды окуңуз.
А. Жкн. 14:16–18-аяттарда Ыйса бизге кандай убадаларды берет? Бул убадалар келечектен болгон коркунуч менен күрөшүүдө кантип жардам берет?
Б. Жкн. 14:26-аят менен Жкн. 14:27-аяттын ортосундагы маанилүү байланыш эмнеде? Ыйсанын дүйнөсү менен Ыйык Рухтун эмгегинин ортосунда кандай байланыш бар? Рух сиздин жашооңузда кандай иштеп жатат?
2) Нас. 3:1–8-аяттарды окуңуз.
А. Бул текстке ылайык, ар бир адам башынан өткөрүшү керек болгон убакыттарды эсептеп чыгыңыз.
Б. Ушундай убакыттарды да башыбыздан өткөрө турганыбызды алдын-ала билсек, канткенде эртеңки күндөн азыраак коркуп калабыз?
3) 2 Кор. 5:17-аятты окуңуз.
А. Пабыл «Машайактын ичинде болгон» бирөөнү кантип мүнөздөйт?
Б. «Машайактын ичинде болуу» эмнеге алып келет? Коркунуч менен күрөшүүдө бул кантип жардам берет?
КОРКУНУЧ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ
1) Сизди акыркы беш жылда азапка салып келген башкы коркунучтарды эсептеп чыгыңыз. Алардын көпчүлүгү материалдашканбы? Куру бекер тынчсызданып жатып, сиз эмнени жоготуп алдыңыз?
2) Бул дүйнөдөгү кыйынчылыктар жана сыноолор кантип сизди келечек жашоого даярдай алары жөнүндө башка бир баракка жазыңыз.
12-бөлүм
Шектенүүнүн көлөкөсү
КОРКУНУЧТУ ИЗИЛДӨӨ
1) «Мен насааттын сөзүн лампанын жарыгында караганымда, тирилүү жөнүндөгү кабар жакшы кабардык чындык эмес, мифтей, эл оозунда айтылып жүргөн имиштей сезилип кетти. …Мен кийинки барактан «Кереметтер өлкөсүндөгү Алиса» жана жети эргежээл жөнүндөгү жомоктогу акылсыз Калпакчы секирип чыга келчүдөй сезип кеттим».
А. Ыйсанын тирилүүсү жөнүндөгү чындыктан шектенген учуруңузду сүрөттөп бериңиз.
Б. Бул кабардагы кайсы нерсе абдан таң калыштуудай сезилет?
2) «Мезгил-мезгили менен Машайактан шектенип тургандар, муну өзүңүзгө белгилеп алыңыз жана аны менен кошо кайраттуулукка ээ болуңуз. Ыйсанын туруктуу эмес шакирттеринде дагы шектенүүлөр болгон. Бирок Машайак аларды чечилбеген суроолордун жалгыздыгына таштап койгон эмес».
А. Сиздин Машайакка байланыштуу, адатка айланган шектенүүлөрүңүз кандай абалдарда бир кыйла көбүрөөк болот?
Б. Машайак сизге өзүңүздүн шектенүүлөрүңүз менен күрөшүүдө кантип жардам берет?
3) «…Машайак бизге өз шектенүүлөрүбүздү жеңүүнү кантип үйрөтөт? Анын жообу кандай? Жооп — Менин денеме кол тийгизип көргүлө жана Мени менен эмне болгонун ойлонуп көргүлө».
А. Шектенүүлөр пайда болгондо, адатта, сиз эмне кыласыз?
Б. Сиз Ыйсанын денесине колуңузду тийгизип, Ага эмне болгону жөнүндө ой жүгүртө аласызбы? Бул сиздин шектенүүлөрдөн арылышыңызга кантип жардам берет?
4) «Машайак эр жүрөктүүлүктү бизге биримдик аркылуу берет, Ал биздин бири-бирибиз менен болгон баарлашуубуз аркылуу шектенүүлөрүбүздү таратып жок кылат. Ал эч качан бардык билимди бир эле адамга берип койбойт, бирок аны мозаиканын кесиндилери сыяктуу көптөгөн бир туугандарга бөлүштүрүп берет».
А. Машайак кантип бизге биримдик аркылуу эр жүрөктүүлүктү берет жана бири-бирибиз менен болгон баарлашуубуз аркылуу аны кантип таратып жиберет?
Б. Сиз өзүңүздүн жыйыныңызда канчалык активдүүсүз? Сиз кандай кызмат кылып жатасыз жана кандай жардам алып жатасыз?
5) «К. С. Льюистин, акылдуу, таланттуу, өзүнүкүн бекем карманган атеисттин, Машайактын артынан ээрчүүсүнө эмне түрткү болгон? Баары абдан жөнөкөй. Ал Машайактын Денесине колун тийгизип көргөн, атап айтканда, Анын жолдоочуларына, өзүнүн издөөлөрүнүн жүрүшүндө — Ыйык Жазууга да кол тийгизип көргөн».
А. Машайактын жолдоочулары менен регулярдуу түрдө баарлашуу сизге Анын артынан ээрчишиңизге кантип жардам берет?
Б. Ыйык Жазууну регулярдуу түрдө изилдөө сиздин ишенимде өсүшүңүзгө кантип жардам берет? Бул сиздин коркунучтарыңыз менен күрөшүшүңүзгө кантип жардам берет?
КОРКУНУЧТУН БЕТИН АЧУУ
1) Лк. 24:13–35-аяттарды окуңуз.
А. Сиз кандай ойлойсуз, эмне үчүн Ыйса эки шакиртинин эмне деп сүйлөшүшкөнүн билбегендей түр көрсөткөн?
Б. Бул эки шакирт Ыйсага кайрадан ишеним көрсөтүүнүн эң ынандыруучу себеби деп эмнени эсептешкен (Лк. 24:32)? Шектенүүлөр болгонуна карабастан, Ыйсага ишенишиңиз үчүн сизге эмне жардам берет?
2) Жкн. 20:24–29-аяттарды окуңуз.
А. Эмне үчүн Томас алгач тирилген Теңирди көргөнүн айткан башка шакирттерге ишене алган эмес?
Б. Томас кантип кайрадан ишенип калган?
В. Эмне үчүн Ыйса көрбөй туруп ишенгендерди «бактылуу» деп атаган?
3) Рим. 10:17-аятты окуңуз.
А. Бул текстке ылайык, ишеним кантип пайда болот?
Б. Ыйык Китепти регулярдуу окуу жана изилдөө ошону менен түшүндүрүлөбү?
КОРКУНУЧ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ
Макс Лукадо жазгандай, «кийинки жолу көлөкөлөр каптаганда, Муса жөнүндөгү байыркы баянга, Дөөттүн сыйынуусуна, Жакшы Кабарлардын күбөлөндүрүүлөрүнө, Пабылдын каттарына чөмүлүңүз. Кудайды издеген башка адамдар менен баарлашыңыз жана ар күн сайын алар менен Эмаусту көздөй кеткен жолдо басыңыз». Бул аптада:
1) Ыйык Китептин Кудайдын кудуретин жана Анын сүйүүсүн ачып берген улуу баяндоолоруна көңүл буруңуз.
2) Кудайды даңктаганга умтулган башка ишенгендер менен болгон мамилеңизди тереңдетиңиз.
13-бөлүм
Кандайдыр бир коркунучтуу нерсе болуп кетсечи?
КОРКУНУЧТУ ИЗИЛДӨӨ
1) «Жашоо — коркунучтуу нерсе. Биз каардуу реалдуулуктун көлөкөсүнүн астында эптеп-септеп күн өткөрөбүз. Адамзатты кыйратып жок кылуунун ар түрдүү ыкмалары, сыягы, ушул нерсени гана кыялданган адамдардын карамагына түшүп калган окшойт».
А. Биздин реалдуулугубуздагы кайсы нерсе сизге эң каардуу болуп сезилет?
Б. Эгерде кайсы бир жерде атом бомбасы жарылып кеткенде, кандай сезимдерди башымдан өткөрмөкмүн деп ойлойсуз?
2) «Ыйса шакирттерине мынтип кеңеш берип жаткандай: “Эң жаманы башталганда, истерикага түшпөгүлө”».
А. Сизде эң жаманы башталганда кыла турган иш-аракеттин жеке планы барбы? Түшүндүрүп бериңиз.
Б. Башка адамдар кыйынчылыктарды кантип жеңип чыкканын карап, сиз эмнени үйрөндүңүз?
3) «Жалган пайгамбарлар дайыма Машайактын ролун кичирейтип, адамдын ролун чоңойтот. Ишеним жөнүндөгү окутууну кылдаттык менен изилдеңиз. Бир суроого көңүлүңүздү буруңуз — бул адам өзүнүн угуучуларын Ыйсаны көздөй багыттап жатабы? Эгерде жооп ооба болсо, анда ыраазы болуңуз жана ал үчүн сыйыныңыз. Эгер жооп терс болсо, анда ал жерден качып кеткенге мүмкүнчүлүк бар кезде, дароо качып чыгыңыз».
А. Эмне үчүн жалган окутуучулар адамдарды Ыйсадан буруп кетишет? Адатта, алар угуучуларынын көңүлүн эмнеге багытташат?
Б. Сиз Ыйсаны канчалык жакшы билесиз? Кимдир бирөө Ыйсанын жалган образын көрсөтүп жатканын аныктай аласызбы? Түшүндүрүп бериңиз.
4) «Бардык окуялар, улуу окуябы же болбогон окуябы, Кудай тарабынан белгиленген жана Анын эркинин аткарылышы үчүн кызмат кылат. Аалам көзөмөлдөн чыгып кеткендей сезилиши мүмкүн, бирок андай эмес».
А. Кайсы бир жаман нерсе кантип Кудайдын эркинин ишке ашуусуна кызмат кылат? Өзүңүздүн жашооңуздагы кайсы бир жаман нерсе Кудайдын эркинин ишке ашуусуна кызмат кылганы жөнүндөгү учурду айтып бериңиз.
Б. Сиздин дүйнөңүз көзөмөлдөн чыгып кеткендей сезилген учурда, адатта, сиз эмне кыласыз? Мындай абалдарда сиз өзүңүздү кантип көзөмөлдөйсүз?
5) «Аягында баары жакшы болот. Эгерде азыр баары жакшы боло элек болсо, демек, аягы келе элек».
А. Сиз мындай ырастоо менен макулсузбу? Эмне үчүн ооба же эмне үчүн жок?
Б. Бул ырастоо кантип сооротуу катары кызмат кылат жана коркунучту баса алат?
КОРКУНУЧТУН БЕТИН АЧУУ
1) Мт. 24:4–14-аяттарды окуңуз.
А. Бул текстте жалгандын тигил же бул формасы канча жолу эскертилген?
Б. Бул дени сак ишеним менен тааныш болуу сизди коркунучтан сактай ала турганы жөнүндө айтып жатабы?
2) Заб. 45:2–12-аяттарды окуңуз.
А. Заб. 45:3–4 жана Заб. 45:7-аятта коркунучтун кайсы түрү жөнүндө айтылган? Забурчу бул коркунучтарга кантип каршы турат?
Б. Заб. 45:9–12-аяттар кантип биздин глобалдык катастрофа жөнүндөгү коркунучтарыбызды азайтат?
3) Заб. 26:1–10-аяттарды окуңуз.
А. Заб. 26:1–3-аятта адамдар тарабынан келтирилген кайсы бактысыздыктар жөнүндө айтылат?
Б. Забурчу Заб. 26:5–10-аяттарда кандай ишенимдүүлүктү билдирет? Ал кантип мындай ишенимдүүлүккө ээ болгон? Биз андан эмнени үйрөнө алабыз?
4) Аян 2:10-аятты окуңуз.
А. Кээ бир ишенгендерге кандай азаптар алдын ала айтылган?
Б. Бул ишенгендер мындай азаптардын алдында өзүнүн коркунучун кантип жеңип чыга алышат?
В. Өзүнүн коркунучун жеңип чыккандарга жана Машайакка ишенимдүү болгондорго Кудай эмнени убада кылат?
КОРКУНУЧ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ
Төмөндөгү насаат сөздү жазып алыңыз да, аны көрүнүктүү жерге илип коюңуз (муздаткычка, машинага, жазуу столунун үстүнө ж. б. у. с.): «Аягында баары жакшы болот. Эгерде азыр баары жакшы боло элек болсо, демек, аягы келе элек».
14-бөлүм
Жалгыз туура коркунуч
КОРКУНУЧТУ ИЗИЛДӨӨ
1) «Кеп Машайакты түшүнө билүүгө келгенде, бир да кутуча таптакыр ишке жарабайт.».
А. Сиз Машайакты кандай кутуга батырганга аракет кылып жатасыз?
Б. Эмне үчүн Машайакты кутуга батырганга мүмкүн эмес?
2) «Өзгөрүлгөн Машайак, ушундай жол менен алганда, Анын таза айтылышындагы Машайак. Бул — Өзүнүн Бейт-Лехемге чейинки жана айкаш жыгачка кадалгандан кийинки кийиминдеги чыныгы Ыйса».
А. Эмне үчүн өзгөрүлгөн Машайак — «Анын таза айтылышындагы Машайак»?
Б. Өзгөрүлгөн Машайак жөнүндөгү акылыңыздагы образ сиздин тагдырдын оор кырдаалдарына болгон мамилеңизди кантип өзгөртө алат?
3) «Машайактын теңдеши жок. Болгону бир эле алачык тургузуш керек, анткени тоодо болгондордун ичинен Жалгыз Бирөөсү гана кадыр-баркка татыктуу».
А. Сиз Машайактын теңдеши жок экенине ишенесизби? Түшүндүрүп бериңиз.
Б. Кудай Машайакты баарынан жогору сыйлаш керек экенин түшүндүргөн башка окуяны атап бериңиз.
4) «Тоодогу жаркыроо тоодогу коркунучту пайда кылды. Дени сак, ыйык коркунуч. Петир, Жакып жана Жакан жан дүйнөсүн бекемдеген, жалгыз Кудайдын алдындагы айыктыруучу туура коркунучту баштарынан кечиришти».
А. Кайсы коркунуч сизди ишенимде бекемдей алат? Кудайдын алдындагы чыныгы сый-урмат сизге бул туруксуз жана коркунучтуу дүйнөдө кантип туруктуулукту бере алат?
Б. Байыркы осуяттагы каармандардын ичинен дагы ким тоодогу коркунучту башынан өткөргөн? Бул анын Кудай жөнүндөгү түшүнүгүнө кантип таасир эткен? Бул анын жашоосун кантип өзгөрткөн?
5) «Сиз качантан бери ушундай коркунучту сезип келе жатасыз? Машайак менен жаңыдан жолугушканыңызда, бүткөн боюңуз титиреп, дем алууңуз жайлаган абал качан болду эле? Сиз Анын улуулугунун жарыгын сезгениңизде, жүрөгүңүздүн кагылышы тездеп, дем алууңуз оорлогонуна канча болду? Эгерде мунун баары өтө көп убакыт мурун болуп өткөн болсо, сиздин коркунучтарыңыз ошону менен түшүндүрүлөт. Машайак биздин аң-сезимибизде улуу болгон кезде, биздин коркунучтарыбыз эч нерсеге арзыбай калат».
А. Ушул суроолорго жооп бериңиз.
Б. Эмне үчүн Машайактын улуу образы сиздин коркунучтарыңызды алсыздантат?
КОРКУНУЧТУН БЕТИН АЧУУ
1) Мт. 17:1–8-аяттарды окуңуз.
А. Сиз кандай ойлойсуз, эмне үчүн Ыйса Өзүнүн үч жакын шакирти Анын өлүмүнө бир аз убакыт калганда Анын көрүнүшүнүн өзгөрүлгөнүн көрүшүн каалаган?
Б. Коркунуч кантип бир убакытта туура жана ыйык боло алат? Мындай түрдөгү коркунуч кайдан келет? Ыйса шакирттерине коркпогула деп айтканда, эмнени айткысы келген?
2) 1 Тим. 6:13–16-аяттарды окуңуз.
А. Кудай адамдын көзү жеткис жарыкта жашайт экени жеке сиз үчүн эмнени билдирет?
Б. Сиздин оюңузча, 1 Тим. 6:15–16-аяттар сиздин акылыңызга кандай таасир этиши керек? Кайсы түрдөгү коркунуч бизде бул образды пайда кылат жана кандай себеп менен?
3) 2 Пет. 1:16–19-аяттарды окуңуз.
А. Өзгөрүлүү Петирге кандай таасир тийгизген?
Б. 2 Пет. 1:19-аятта Петир бизге кандай практикалык насааттарды берет? Анын насааттары кантип бизди ыйык, туура, пайдалуу коркунучка алып барат?
КОРКУНУЧ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ
Ыйык Китептеги өзгөрүлүү жөнүндөгү төрт башкы аңгемени көңүл буруп изилдеңиз жана салыштырыңыз: Мт. 17:1–8; Мр. 9:2–8; Лк. 9:28–36; 2 Пет. 1:16–18. Сиз бул тексттен жолуктурган баяндоо элементтеринин тизмесин түзүңүз. Өзгөрүлүүнүн окуясы жөнүндө гана ойлонуш үчүн убакыт табыңыз, ал окуя Петирге, Жакыпка жана Жаканга кандай таасир эткени жөнүндө дагы ой жүгүртүңүз. Ошондой эле, бардык убакытта Макс Лукадонун китебиндеги төмөндөгүлөр эсиңизде болсун: «Жарыкка, Ыйыкка, Баарынан Жогоркуга, узак убакытка жана чын жүрөктөн караңыз. Ошондо сиздин бардык коркунучтарыңыз, Машайактын алдындагы коркунучтан башкасынын баары, июль айындагы асфальттын үстүнө ташталган муз бөлүкчөлөрү сыяктуу эрип кетет».
Эпилог
Уильямдын забуру
КОРКУНУЧТУ ИЗИЛДӨӨ
1) «Коркунуч оңой эле дүрбөлөңгө түшө калчу адамдарды сүйөт».
А. Эмне үчүн коркунуч жугуштуу?
Б. Көпчүлүк менен кошо дүрбөлөңгө түшпөш үчүн, сиз кантип өзүңүздү токтотосуз?
2) «Биздин бүгүнкү күндөгү маданиятыбызда ашыкча тынчсыздануучулук качандыр бир мезгилде жашап өткөндөргө караганда өтө эле күчтүү даражада. Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөндөн бери, ата-энелер биринчи жолу өздөрүнө караганда кийинки муун жаман жашайт деп эсептеп жатышат».
А. Сиз кандай эсептейсиз, эмне үчүн биздин маданиятыбызга ашыкча тынчсыздануучулук тиешелүү?
Б. Сиз кийинки муун бизден да жаманыраак жашайт деп эсептейсизби? Түшүндүрүп бериңиз.
3) «Тынчтыкты сактагандардын арасында бололу. Келиңиз, коркунучту моюнга алабыз, бирок башыбызды жоготуп койбойбуз. Эсибизде болсун, биз бардык убакта кайсы бир тобокелчиликке барабыз, бирок коркунучка алдырып койбойбуз».
А. Сиз кооптуулукту моюнга алып, бирок акылыңызды кантип жоготпой турганыңызды сүрөттөп бериңиз.
Б. Коркунучтар сиздин жүрүм-турумуңузга таасир этпешине сиз кантип жетише алмаксыз?
4) «Үмүт үзүлүүнүн, колду түшүрүүнүн коркунучтарына токто дейли. Уолл-стриттеги коркунуч туудуруучу көзү ачыктык кылуучуларга жана гезиттик коркунучтарды сатуучуларга качанга чейин кулак салабыз? Биз көз карашыбызды жана кулагыбызды башка тарапка — жогоруга бурабыз. Биз Жаратуучубузга жүзүбүздү бурганда жана анын жардамы менен азыраак коркуп калабыз».
А. Эмне бизге көбүрөөк үмүттү берет: «Уолл-стрит джорнелди» окуубу же Ыйык Китепти окуубу? Эмне үчүн?
Б. Жүзүңүздү Жаратуучуга бурганыңызда эмне үчүн азыраак коркуп каласыз?
5) «Теңир эч качан сени унутпайт. / Ыйык Китеп — Анын Сөзү. /Ал — жакшы Койчу. / Ал сени сүйөт, /Ал Өз элин таштабайт».
А. Теңир сизди эч качан таштабай турганы, сизди эч качан унутпай турганы жеке сиз үчүн эмнени билдирет?
Б. Теңир — жакшы Койчу экенине сиз жеке өзүңүз кантип ишенип калдыңыз?
КОРКУНУЧТУН БЕТИН АЧУУ
1) Накыл. 29:25-аятты окуңуз.
А. Корккондорду эмне күтүп турат?
Б. Өзүнүн коркунучуна карабастан, Кудайга табынгандарды эмне күтүп турат?
2) Ыш. 8:12–14-аяттарды окуңуз.
А. Ышайа өзүнүн замандаштарын кайсы түрдөгү коркунучтан сактап жатат?
Б. Алар кайсы түрдөгү коркунучту сезиши керек?
В. Бул адил коркунуч алардын «бул жерде жана азыр» бар болушуна кантип жардам берет?
3) Эвр. 13:5–6-аяттарды окуңуз.
А. Каттын автору колубузда болгон нерсеге ыраазы болуунун кандай себептерин атап жатат?
Б. Каттын автору бизге кандай убаданы берип жатат?
В. Ал бизден бул убадага болгон кандай жоопту күтүп жатат?
КОРКУНУЧ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ
Бир жума бою Ыйык Жазуудагы Кудай айткан: «…Сени калтырбайм жана таштабайм» деген аят тууралуу ой жүгүртүңүз (Эвр. 13:5). Ар бир күндүн аягында он мүнөттөн кем эмес убакыт бою Аны Өз убадасына ишенимдүү болгону үчүн даңктаңыз.
ЭСКЕРТҮҮЛӨР
1
The Report Newsmagazine, January 22, 2001, Candis McLean. http://www.findarticles.com/plarticles/m-hb3543/is-2001/01/ai-n8359052?tag=content; coll
2
Синодалдык котормодо: «улуу толкундоо». —
3
Shelley Wachsmann,
4
Walter Brueggemann, «The Liturgy of Abundance, the Myth of Scarcity»,
5
Дин Мартин — америкалык ырчы жана актер. —
6
Rabbi Shmuley Boteach,
7
JohnBentley, электрондук почта аркылуу авторго жөнөтүлгөн кат. Анын уруксаты менен колдонулуп жатат.
8
«Women of Faith» үчүн электрондук почта менен жиберилген кат, September 6, 2008. Анын уруксаты менен колдонулуп жатат.
9
Калифорния штатынын Пасаден шаарында эки мыкты команданын ар бир жылы боло турган студенттик таймашы, ал 1902-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат, а 1932-жылдан баштап, «Кызгылтым чөйчөк» стадионунда өткөрүлүп келет. —
10
«Узун мүйүздүүлөр» — техастыктардын коюлган аты. —
11
Ken Rodriguez, «History Keeps Digging Its Horns into Texas Receiver»,
12
Жаңы Осуяттагы салыштыруу, епископ Кассиандын (Безобразова) грек тилинен которгон редакциясында:«…жүрөгүбүз бизди кайсыл нерседе айыптаса да, биз Анын алдында жүрөгүбүздү чындык аркылуу тынчтандыра алабыз, анткени Кудай биздин жүрөгүбүздөн чоң жана баарын билет» (1 Жкн. 3:19,20) —
13
Букер Талиафер (Тальяферро) Вашингтон (1856–1915) — америкалык негрлердин агартуусу үчүн күрөшкөн чечен, саясатчы, жазуучу. —
14
Calvin Miller,
15
Автор колдонуп жаткан котормодо: «…аларга орточо сегиз айлыгына» —
16
Bradford Torrey, «Not So in Haste, My Heart», The Boston Transcript, 1875,
17
3 700 граммдан жогору —
18
Автор колдонуп жаткан заманбап англис тилиндеги котормолордун бирине ылайык: «кайсы бир мааниден алганда, аны өлгөндөн тирилген абалда алган». —
19
Shelley Wachsmann,
20
Льюис К. С.
21
Joshua Previn and David Borgenicht,
22
Max Lucado,
23
Pierre Benoit,
24
Bruner,
25
TheMessageкотормосунда. —
26
Yann Martel,
27
Ibid.
28
Robert Wheler Bush,
29
Пегги Нельсон менен болгон маектен алынды. Уруксаты менен колдонулуп жатат.
30
Александр Соженицындын «ГУЛАГ архипелагы» деген китеби аркылуу бүт дүйнө Борис Корнфельд деген дарыгердин бар экенин билип калган, автор тарабынан анын өлүмү майда-чүйдөсүнө чейин сүрөттөлгөн эмес. Павл Стефановскийдин автобиографиялык повестинен башка маалыматтарды табууга болот:
“Батыш украиндер өздөрүнүн чалгындоосу жана контрчалгындоосун уюштурушкан эле, алар лагерде дагы мурдагы ири советтик кызматкерлер жана чагымчылар менен болгон күрөшүн улантышкан, аларды аныктап, ырайымсыздык менен өлтүрүшкөн. Мындай террористтик актылар адатта эртең менен, уйкудан тургандан кийин алгачкы мүнөттөрдө жүргүзүлгөн. Өлүмгө өкүм кылынган, уйкудан али толугу менен ойгоно элек кезде, биринчи секундда алар өз өмүрү трагедиялуу түрдө аяктап жатканын түшүнбөй калган. Эсептелүү секундалар ичинде алдын-ала зордоп наркотик ичирилген эки жаш аткаруучу жигит алсыз жаткан адамга 10–12 жолу бычакты терең сайып алып, али эч ким ойгоно электе барактан тездик менен изин суутуп кетишчү. Кээде курал катары жөнөкөй штукатура же колдо жасалган балка деле кызмат кылчу, алар дагы да тезирээк, 1–2 секунд аралыгында, баш сөөктү сындырып салышкан.
Дарыгер Борис Корнфельд дагы ушинтип күнөөсүз жеринен өлтүрүлгөн, ал жөнүндө Александр Солженицын «ГУЛАГ архипелагы» китебинин төртүнчү бөлүгүнүн «Чыгуу» деген аталыштагы биринчи бөлүмүндө кенен-кесир жазып кеткен. Дарыгер Борис Корнфельд жакшы дарыгер, абдан ак көңүл жана боорукер адам болгон. Ал өзүнүн боорукердиги жана түрмөдөгүлөрдүн өтүнүчүнөн баш тартпагандыгы үчүн өлтүрүлгөн. Бир жолу ага батыш украиндердин башчыларынын бири фронтто алган жаракатынан кийин өзүн азапка салган баш оорусунан кутулуш үчүн, андан бир аз наркотик берүүсүн сурап кайрылган. Борис наркотиктин чын эле дайындалганынан эч шектенбей жана бул жөнүндө унчукпагын деп көндүрүп, «оорулууга» жардам берет, ал даарыгерге чочконун майы менен ыраазычылыгын билдирет. Бир жумадан кийин өтүнүч кайталанат, бул канчалык коркунучтуу, атүгүл, кылмыштуу болгонуна карабастан, «оорулуу» дагы жардам алат жана дагы бир жолу чочконун майы менен ыраазычылык билдирет. Кийинчерээк, эч кандай чочконун майы жок эле, провокациялар жана коркутуулар башталат, ошондо Борис группаны наркотик менен камсыздоодон баш тартканда, кокусунан «оорулууларды» сатып койбосун деп, аны жөн эле өлтүрүп салышат” (Стефановский П. П. Тагдырдын чукул бурулуштары. М.: РУДН басмаканасы, 2002–2003. Кн. 2: МКК — ГУЛАГ. С. 116).
Бирок «Солженицындын ачык катына» ылайык, Семена Бадаша (http://vestnik.com/issues/2003/0723/koi/badash.htm), ГУЛАГдын подвалы батыш украиналык эмес, интернационалдык болгон. Ага украиндер да, эврейлер да, орустар да, кавказдыктар да киришкен… «Өлүм өкүмдөрүн» аткаруучулар болсо чындыгында баарынан көп бандеровчулар болгон. —
31
Charles C'olson,
32
Martin Luther, «А Mighty Fortress», Hymnsite.com, http://www.hymnsite.com/lyrics/umh110.sht.
33
Rabbi Shmuley Boteach,
34
Philip Gourevitch,
35
Peter Lewis,
36
Aleksandr I. Solzhenitsyn,
37
Белгилүү сүзүүчү, олимпиада чемпиону. —
38
Michael P. Mayko, «Stamford Man Faces Federal Charges in Bomb Threat»,
39
Walter Brueggemann, «The Liturgy of Abundance, the Myth of Scarcity»,
40
Anup Shah, «Poverty Facts and Stats», цитата төмөндөгү жерден алынды: «World Bank Development Indicators 2008», http://www.globalissues.org/article/26/poverty-facts-and-stats.
41
Thomas Carlyle, QuoteWorld.org, http://www.quoteworld.org/quotes/2411.
42
«The Politics of Investing»,
43
Bob Russell, «Favorites of Bob Russell», CD (Louisville, KY: Southeast Christian Church, 2005).
44
Donald G. Bloesch,
45
Ibid.
46
Роберт Грин Ингерсолл (1833–1899) — америкалык юрист жана публицист. —
47
John Blanchard,
48
Blanchard,
49
Шекспир У. Гамлет, даттык шахзада. М.: ACT, 2006. Үчүнчү акт, 1-сцена.
50
N. Т. Wright,
51
Benjamin P. Browne
52
Jennie Yabroff, «Take the Bananas and Run»,
53
Armand M. Nicholi Jr.,
54
Joanna Bourke,
55
Петри чөйчөгү — анча бийик эмес цилиндр формасындагы лабораториялык идиш. Микробиологияда микроорганизмдердин колониясын культивация кылыш үчүн кеңири колдонулат. Бул максат үчүн Петри чөйчөгүнүн микроорганизмдерди отургуза турган катмары азыктандыруучу катмар менен толтурулат. —
56
John Zarrella and Patrick Oppmann, «Pastor with 666 Tattoo Claims to Be Divine», CNN.com, February 19, 2007, http://www.cnn.com/2007/US/02/16/miami.preacher.
57
dc Talk and the Voice of the Martyrs,
58
Global Evangelization Movement, «Status of Global Mission, 2001, in Context of 20th and 21st Centuries», Worldwide Persian Outreach, http://www.farsinet.com/pwo/world-mission.html.
59
Jim Collins, Good to Great:
60
Америкалык жазуучу Элеанор Портердин (1868–1920) балдарга арналган китептериндеги каарман. М. Флокердин «Таттуу жашоо» деген китебинде (СПб.: Редфиш. ТИД Амфора, 2005. 76-бет) ага мындайча мүнөздөмө берилет: «Адамдык мүнөздөрдүн грандиоздуу галереясында эң жагымсыз каармандардын бири — шайыр-шатман тентек кыз Поллианна. Кубанычтуу жана шамдагай, эч себепсиз эле жылмая берет, түбөлүктүү тил алчаак жана башкалардан айырмаланып турган жакшы кыз. Бирок жашоодо бул өзүн алып жүрүүнүн жакшы ыкмасы эмес…» —
61
Frederick Dale Bruner,
62
Мт.24:6- аяттын англис тилиндеги ар түрдүү котормолору. —
63
William J. Broad, «Scientists’ New Findings Link Titanic’s Fast Sinking to Rivets», San Antonio Express-News, April 15, 2008.
64
Dorothy Bernard, The Quotations Page, http://www.quotationspage.com/quote/29699.html.
65
Автор Ыйык Китептин 1978-жылдагы англис тилиндеги котормосун колдонуп жатат (NIV). Орусча Синодалдык котормодо: «мунун баары — оорулардын башталышы». —
66
Bruner, The Churchbook, 847.
67
Thomas Howard,
68
Ellen F. Davis,
69
Льюис К. С.
70
Joanna Bourke,
71
Frank Furedi,
72
Ibid., 68
73
John Ortberg,
74
«Пайонир Байбл транслейторс» — (Pioneer Bible translators) — өзүнүн алдына Ыйык Китепти дүйнөнүн бардык тилдерине которууну максат кылып койгон уюм. —
75
Greg Pruett, «President’s Blog», Pioneer Bible Translators, February 27, 2008, http://www.pioneerbible.org/cms/tiki-view-blog-post.php?blogld=2&postld=9.