Кайтаруучу Чарлз Стенли өз китебинде азап чегүү — бул Кудайдын бизге бата берүү үчүн колдонгон куралы экендигин көрсөтөт. Азап чегүүгө болгон мындай көз караш — бизге жакшылык үчүн кызмат кылаарын билүү менен, кандай гана сыноо жана кыйынчылык болбосун, кабыл алууга жөндөмдүү кыла турган акылга сыйбаган күч.
Чарлз Стенли
ЖАКШЫЛЫККА БОЛГОН АЗАП ЧЕГҮҮ
Эмне үчүн кудай оор мезгилдерге жол берет
1-бөлүм. АЗАП ЧЕГҮҮ ЖАНА БАТА?
Азап чегүү.
Бата.
Бул эки сөз анчалык жакшы айкашпайт. Мааниси жагынан алып караганда, карама-каршы десек болот.
Талкалануу жана алсыз болуу деген эмне экенин биз баарыбыз билебиз, ал кезде айланадагы бардык нерселер кыйрап, ал тургай, жер астын-үстүн болгондой сезилип калат. Ар бирибизде жылуу төшөктөн чыккыбыз келбей калган учурлар да болот. Кээде бардыгы жакшы болуп жаткандай сезилсе да, биз болсо көз-жашыбызды токтото албайбыз. Талкалануу көп учурда сооротулгус кайгы менен, бүтпөгөн жарааттар жана эч нерсе менен толтура алгыс боштук менен коштолот.
Мындай абалда эч кандай батаны сезбейсиң. Менин өмүрүмдөгү эң бир жанга баткан, кыйын убакыт болуп талкалануу учурлары болгон. Силердей эле, мага да азап чегүүнү баштан өткөрүү жана оору менен алсыздыкты сезүү жакпайт. Биздин жашообуздагы кээ бир кырдаалдар бизге оору алып келет. Көпчүлүк учурда бул оору абдан катуу болгондуктан, биз айыгууга болгон бардык үмүтүбүздү жоготуп коебуз.
Бирок мен кыйроодон кийин гана биз Кудайдын улуу баталарын сезе ала турганыбызды байкадым. Дармансыз болгон мезгилден кийин биздин жашообуз абдан жемиштүү жана эч качан болуп көрбөгөн мааниге толо алат. Көздү ачырбаган деңиздеги бороондуу түндөн кийинки аткан таң кандай сонун. Кайгы мезгили өткөндөн кийинки кубанычты баштан өткөрүү керемет. Бата кайгыруунун артынан келиши мүмкүн.
ООРУДАН КАЧУУБУ ЖЕ БАШТАН ӨТКӨРҮҮБҮ?
Көпчүлүк адамдар Ыйык Жазууда азап тартуу тууралуу эмне айтылганын түшүнүшпөйт. Ошондуктан ал бизди ушунчалык коркутат, ошондуктан бүт күчүбүз менен андан качууга аракет кылабыз.
Бүгүнкү күндө, ийгиликке жетүү жөнүндө, биздин алсыздыгыбызды айыктыруучу жана бизге бакыт каалаган Кудай жөнүндө көп айтылып жаткан учурда, азап чегүү темасы жалпыга белгилүү болуп колдонулбайт. Бирок чындап эле Кудайдын батасына ээ болгусу келип жаткандарга так ушул жөнүндө айтуу керек.
Эмне үчүн мен ушундай деп эсептейм?
Анткени бүгүнкү күндө Кудай бизге каалаганыбызды берип эле койбостон, Ал бизди жана биздин каалоолорубузду өзгөртөт. Кудай бизди, Аны менен түбөлүктүүлүктү бирге өткөрө тургандарды, жылмалап, курчутуп, биз менен иш жүргүзүүдө.
Кудай бизди бардык каалоолорубузду жана кыялдарыбызды канааттандыруу үчүн жараткан эмес. Ал бизди Анын ар кандай каалоолорун аткарууга даяр болууга алып барууда. Ал бизди Өзү үчүн жараткан.
Эгер мен сизден: «Өзүңүз үчүн эң жакшысын каалайсызбы?» — деп сурасам, жообуңуз жөнөкөй болот го деп ойлойм: “албетте, ооба”.
Эгер мен сизден: «Төрөлгөнгө чейин эле сиз тууралуу Кудай кандай ойлоп койгон болсо, ошондой болууну чын дилден каалайсызбы?» — деп сурасам, сиз буга да “ооба” деп жооп бермексиз.
Ал эми мындай суроого кантип жооп берер элеңиз: «Сизди Кудай толук даяр жана тил алчаак абалга алып келүү үчүн бардык зарыл чараларды колдонуп, андан кийин сизден Өзү ойлогондой нерсени жасашын каалайт белеңиз?»
Кудайдын батасын алуу үчүн биз өзүбүздү бүт бойдон Теңирге багындыруубуз керек. Ошондо Кудайдын Ыйык Руху бизди жашообузда Теңир Ыйса Машайак көрүнө тургандай кылып жетектейт жана багыттайт.
Мындай абалга жетүү оңойго турбайт. Биз өзүбүздү толугу менен Кудайга баш ийдирген кезибизде да, жеткилеңдикке умтулууну улантуубуз керек. Бул үчүн убакыт гана эмес, көптөгөн ар кыл шарттар да талап кылынат. Биздин эч кимибиз Ыйса Машаякты Куткаруучу катары кабыл алып, ошол эле замат «толугу менен калыптанган», жетилген машайакчы болуп калбайбыз. Биз жаңы руханий макулук болобуз. Бирок бизге өсүү үчүн жана Машайактын мүнөзүнө ээ болуу үчүн убакыт керек. Руханий өсүү — бул жыгылуудан жана жаңылыштыктардан, кыйынчылыктардан жана албетте, толук алсыздыкты сезүүдөн турган процесс. Биздин өсүүбүз руханий сферада гана жүрбөйт. Ал өзүнө биздин акыл-оюбуздун жана сезимдерибиздин жаңылануусун камтыйт.
Эски адаттарды өзгөртүү оңой эмес. Мурунку каалоолорубуз аларды жүрөгүбүздөн жана акыл-оюбуздан жоюп салууга аракет кылганыбызга карабай, бизди башкарып турушат. Эчак унутулган кызыгуулар жана буюмдарга, окуяларга болгон көз караштар кыйынчылык менен жок болот. Көп учурда эски мамилелерди жаңыртуу керек же кайрадан карап чыгуу керек. Кээде биз чын жүрөктөн сүйгөн адамдар руханий өсүүнүн белгилерин көрсөтүшпөйт, алар биз каалагандай тез жетилишпейт.
Көңүлүбүз ачык, маанайыбыз жарык болуп турган учурда да биз өзүбүздү жакшы билбегенибизден кыйналабыз, андыктан өз күнөөбүздүн оордугу тууралуу толугу менен түшүнбөйбүз. Башка сөз менен айтканда, биз өзүбүздүн караңгы тараптарыбызды көрө албайбыз. Бизге өзүбүз бардык күнөөлөрүбүздөн тобо кылганыбыздай сезилиши мүмкүн. Бирок Кудай биздин Анын баардыгын кечирген сүйүүсүнө өзүбүздү тапшырып, Ыйык Рухтун күчү менен тазаланып, өзгөрүп, айыгып же жаңылануубуз үчүн, биздин жашообуздагы уламдан улам жаңы сфераларды ачууну улантууда.
Биз өзүбүздөн эски табиятыбызды алып таштоо үчүн, мүнөзүбүздөгү оройлуктар жоготулуп, бизге белгисиз болгон баалуу сапаттарыбыз ачыкка чыгышы үчүн кайра-кайра сынууга жана кыйроого учурап жатабыз.
Бул жан кейиткен жана оор процесс.
Бирок бул пайдалуу процесс.
Азап чегүүдөн коркуштун кажети жок, ошондой эле бардык күчүң менен алардан качып кутуулууга аракет кылуунун да кереги жок. Аларды ишеним менен кабыл алуу керек. Эгер биз чынында эле Кудай ойлоп койгондой болууну кааласак, кыйроо учурунда өзүбүздү Кудайга тапшырып, Ага биз эмне үчүн азап чегүү жолу менен өтүп жатканыбызды, Кудай бизди эмнеге үйрөткүсү келип жатканын ачып берүүсүнө мүмкүндүк берүүбүз керек.
ИДЕАЛДУУ ИДИШ
Бир жолу Кудай-Теңир Жеремия пайгамбарга мындай сөздөр менен кайрылган:
«Тур, карапачынын үйүнө түш, ошол жерде Мен сага Өзүмдүн сөздөрүмдү айтам».
Ошондо мен карапачынын үйүнө түштүм, ал карапа жасаган тегерек куралда өз ишин жасап жатыптыр. Карапачы топурактан жасап жаткан идиш анын колунда бузулуп калды. Ошондо ал кайрадан ошол топурактан өзү каалаган башка бир идиш жасады.
Ошондо мага Теңирден сөз болду: «Ысрайыл, Мен силерге ушул карапачы кылгандай кылбайт бекем? — дейт Теңир. — Карпачынын колунда топурак кандай болсо, силер да Менин колумда ошондойсуңар, Ысрайыл».
Сиз карапачынын карапа жасаган тегерек куралда иштеп жатканын байкап турган учуруңуз болду беле? Устанын колу кылдаттык менен чоподон турган формасы жок массаны ийлейт, акырындап ага идиштин формасын берет. Бирок жасалган идиш устага жакпай калса, — мүмкүн формасы жакшы келишпей калса же идиштин боорунда көңдөйчөлөр болуп калганын байкаса, — ал чопону эзип салып, кайрадан баштайт. Бул карапачы өзүнүн жасаганын таптакыр жок кылгысы келет дегенге жатпайт. Анын максаты — эң мыкты натыйжага жетишүү: кандайдыр-бир абдан сонун жана пайдалуу нерсени жасоо.
Кудай да биздин жашообузда ушундайча иштейт. Ал бизден Өзүнүн оюна ылайык келгендей нерсени жасоого аракет кылат. Мына ошондой болгонубузда гана биз Кудайды даңазалай алабыз жана Кудайдын Падышачылыгын жогорку даражада натыйжалуу жарыялай алабыз.
Сиз ким болгуңуз келер эле? Чектелген чыгармачыл жөндөмдүүлүккө, терең эмес билимге, күчкө, акылмандыкка негизделген, өз оюңуздагыдай жасалган, белгилүү бир убакытта гана колдонулган жана өтүп кете турган баалуулукка ээ болгон идиш болгуңуз келер беле? Же болбосо Кудайдын оюндагыдай, Анын чексиз акылмандыгы жана сүйүүсү боюнча жасалган, чексиз көп кызмат өтөгөн жана түбөлүк, өтүп кетпей турган баалуулукка ээ болгон идиш болгуңуз келер беле?
Кудайдын оюн тандоо менен, анын артында эмне турса, ошонун баарын тандашыбыз керек — талкалануу, оору жана көз жаштар жолу аркылуу өтүүгө туура келсе да, Өзү каалагандай бизди тазалап жана жаңылоосу үчүн, Ага мүмкүнчүлүк берип, азап тартууга даяр болушубуз керек.
Азап чегүү улуу баталарга айлануусу мүмкүн. Бирок бул, Кудайга бизди талкалаганга мүмкүндүк бергенибизде гана ишке ашат.
2-бөлүм. КУДАЙ БИЗГЕ ЭҢ ЖАКШЫСЫН КААЛАЙТ
Биздин башыбызды оор кайгылар жана кырсыктар басып калганда, биз көп учурда: «Кудай каякта?» — деп, айран-таң калабыз.
Бул суроону берүү менен, биз: же Кудай биз менен эмне болоорун билген эмес эгер билсе, Ал буга жол бермек эмес — же Ал бизди сүйбөй калды, — деп ой жүгүртөбүз. Эгер Кудай бизди сүйгөнү чындык болсо, Ал бизди кыйынчылыктан жана жамандыктан сөзсүз коргомок.
Бирок мындай ойлор — жаңылыштык.
Чындыгында, Кудай баарын билет. Жана Кудай сүйөт.
«МЕНИН КУЛУМА КӨҢҮЛҮҢДҮ БУР»
Биз кыйын убакытты баштан өткөрүп жатканда же жаныбыз кейип турганда айыптууну тапканга аракет кылабыз. Жана эки сөздүн бирин: «Бул шайтандын тымызын иштери» же «Бул Кудайдан», — деп айтабыз.
Бирок, чынында иштин маңызы мында: бул Кудай тарабынан жол берилген шайтандын иштери.
Аюбдун окуясын эстеңизчи.
Ыйык Китепте Аюб «кемчиликсиз, адилеттүү, Кудайдан корккон, жамандыктан алыс жүргөн адам» деп айтылат (Аюб 1:1). Бир жолу шайтан Кудайдын алдына келди, Теңир андан сурады: «…Сен Менин кулум Аюбга көңүл бурдуңбу?» (Аюб 1:8).
Шайтан жооп берди: «…Аюб Кудайдан бекеринен коркот бекен? Аны да, анын тукумун да, анын колунда болгонунун бардыгын коргогон Сен эмессиңби? Анын бардык ишине батаңды бердиң, анын жер жайнаган малы бар…» (Аюб 1:9–10).
Жыйынтыгында, Кудай шайтанга Аюбдун колунда болгон бардык нерсесин алып, бирок Аюбдун өзүнө тийбөөгө уруксат берди. Шайтан муну колдонуп, Аюб ээ болгон бардык нерсени, балдарын, кулдарын, малдарын кошо жок кылды. Аюб айтты: «…Мен бул дүйнөгө жылаңач келгем, жылаңач кетем. Берген да Теңир, алган да Теңир. Теңирдин ысымы даңкталсын!» (Аюб 1:21). Аюб бул кайгыда Кудайды күнөөлөгөн жок.
Бирок шайтан Кудайдын алдына дагы келди, жана Кудай андан сурады: «…Сен Менин кулум Аюбга көңүл бурдуңбу? Анткени… (ал) ушуга чейин өзүнүн кемчиликсиздигинде бекем турат…» (Аюб 2:3).
Шайтан мындай деп жооп берди: «…тери үчүн тери, адам өз жаны үчүн колунда эмне болсо, ошонун бардыгын берет. Бирок Сен анын денеси менен сөөгүнө колуңду тийгизип көрчү, ал Сени даңктаар бекен?» (Аюб 2:4–5). Ошондо Теңир шайтанга Аюбдун өзүнө зыян келтирүүгө уруксат берди, бирок анын жанын сактоону буйруду. Шайтан Аюбдун денесин таманынан төбөсүнө чейин пес оорусу менен каптатты. Аюб аябай кыйнала баштады.
Аялы анын Кудайга акарат айтып, анан өлгөнгө көндүрүүгө аракет кылды. Достору айыптоолору менен анын оорусун күчөтүштү. Акырында Аюб Кудайга: «…Сенин баарын жасай аларыңды, Сенин ниетиңди эч ким токтото албастыгын билем», — деди (Аюб 42:2).
Кудай Аюбдун укмуштуудай оор сыноого чалдыгып, катуу азап чегип жатканын билген. Ал Өзүнө гана белгилүү болгон ойлордун жетегинде буга жол берди. Бирок Кудай азап тартып жаткан Аюбду көз ирмемге да таштаган жок. Ал Аюбдун эмнени башынан өткөрүп жатканын билген. Кудай Аюбду тазалап жатканын да билген.
Ал эми биз болсок, катуу ооруну башыбыздан кечирип жаткан ар бир учурда Кудай биздин өмүрүбүздүн башын жана аягын көрүп турганын эстешибиз керек. Кудай биз үчүн жер бетинде аны жетишердик түрдө сезе албаган жаркын келечекти белгилеп койгон.
Аюб достору үчүн сыйынып жатканда, ал: «Кудайга эч кандай суроом жок», — деп айткан. Андан сырткары, ал Кудайдын гана андан каалаган нерсесин суроого укугу бар экендигин түшүнгөн. Аюб толук баш ийүү абалында болгон. Кудай Аюбду кайрадан жакшы жашай тургандай кылды. Кудай Аюбга мурдагысынан эки эсе көп берди. Аюбду анын бир тууган ага-инилери, эже-карындаштары, ошондой эле аны тааныгандардын баары сооротушкан. Аюб дагы көп жыл өмүр сүргөн.
Биздин кыйынчылыктарыбыз жана тынчсызданууларыбыз кандай гана болбосун, Кудайда биз үчүн да «бактылуу аяктоо» алдын ала жазылып коюлган. Биздин өмүрүбүздөгү таптакыр үмүт үзүлгөн убакыт — бул акыры эмес, тескерисинче дагы да даңктуу болгон жаңы башталышка алып келе турган убактылуу мезгил.
Ооба, Кудай билет. Жана Кудай сүйөт.
КУДАЙДЫ ДАЙЫМА СҮЙҮҮ КЫЙМЫЛДАТЫП ТУРАТ
Биздин жашообузда Кудайдын жасаган бардык иштери жана Анын биздин өмүрүбүздө жол берген нерсенин баары бир гана нерсе менен — сүйүү менен аныкталат.
Кудай биздин жашообузга кайгы жана ооруларды Анын көңүл кош, каардуу, жүрөксүз жана таш боор болгондугунун айынан жол бербейт. Жок! Баары тескерисинче. Кудай биздин жашообуз кандай болоорун көрүп турат жана биз менен жакын, сүйүүгө толгон, руханий мамилелешүүнү каалайт. Ал биз Анын сүйүүсүнүн, акылмандыгынын, күчүнүн, кудуретинин жана жакшылыгынын толуктугун сезүүбүз үчүн, биздеги бардык жакшы нерсенин көрүнүүсүн каалайт. Ал батаны көрсөтүү үчүн, талкаланууга уруксат берет.
Кудай бизди эч качан ачуу менен кыйратпайт. Ал бизди аябай катуу сүйгөндүктөн биздин жашообузга кийлигишет жана биздин кайдыгер болуп, күнөөдө тырышып туруп алганыбызды, өз өмүрүбүздө Анын эркин аткарууну каалабай жатканыбызды жөн гана карап тура албайт. Кудай биздин эч кандай өзгөрүлбөй жатканыбызды жөн гана байкап тура албайт, анткени бизди аябай катуу сүйөт. Биздин өзгөрүүбүзгө, өсүүбүзгө жана денеси, руху, жаны жөнүндө кам көргөн рухий жетилген адам болуубузга жардам берүү үчүн, сүйүү Кудайды кыймылдатат. Кудай бизди ушунчалык сүйгөндүктөн, биз менен тыгыз рухий мамилелешүүгө умтулат. Эгер биз Аны четке каксак же Ага каршы турсак, анда мындай мамилелешүү мүмкүн эмес. Кудай биздин жашообуздан күнөөнү жок кылгысы келет. Ал бизди ыйык жана натыйжалуу рухий кызматта колдонууну чыдамсыздык менен каалайт.
Жер бетиндеги Кудайдын максатына жетишүүгө биздин тазаланышыбыз үчүн, бизди тарбиялоого жана жазалоого сүйүү Аны мажбур кылат.
ТАРБИЯЛОО ЖЕ ТИЕШЕСИН БЕРҮҮ
Ар бир жаза көп учурда тиешесин берүү катары туура эмес кабыл алынат. Ошондуктан биз жаза кандай максат менен колдонула турганын түшүнүүбүз керек. Тарбиялоо жана тиешесин берүү — эки башка нерсе.
Жаза тиешесин берүү катары ишенбегендерге карата колдонулат. Бул Кудайдын каарынан күнөөкөрдү сактай турган жалгыз Курмандык Козуну четке каккандар үчүн боло турган Кудайдын каарынын көрүнүшү. Ыйыктык жана кемчиликсиздик Кудайды күнөө кайсы гана жерде болбосун, аны менен күрөшкөнгө мажбурлайт. Кудай каалаган имараттын бардык караңгы бурчтарын да каптай турган ачык жарыктай таасир этет. Кудай күнөөгө чыдай албайт. Кудай болгон жерде күнөө болбостугу керек.
Ишенбеген адам — бул Ыйса Машаяктын канын четке каккан, Машаяк тарабынан айкаш жыгачта алынып келинген курмандыкты кабыл албаган адам. Ошондуктан, анын күнөөсүн Кудайдын ыйыктыгынан ажырата турган эч кандай коргоочу калканыч жок. Ишенбеген адам коркунучтуу абалда турат — ал Кудайдын каарынын алдында коргоосуз.
Тарбиялоо үчүн болгон жаза — бул Кудай ишенүүчү адамды үйрөтүүгө жардам бере турган ыкма. Кудай ишенүүчүнүн Машаякка толугу менен окшошууга тоскоол болгон адаттарын, принциптерин, ой жүгүртүүлөрүн өзү көрүп, өз жашоосунан жок кылуусу үчүн жетелейт. Мындай жаза Кудай бизди бүтүн жана рухий жетилген адам кылууга жардам көрсөтө турган үйрөтүүчү курал болуп саналат. Бул бизге Ыйык Рухтун жетегинин алдында рухий кызмат кылууга даярдануубуз үчүн жардам бере турган Кудайдын ыкмасы.
Тиешесин берүү — бул Кудайдын каарынын жыйынтыгы. Анын акыркы жыйынтыгы болуп жок кылуу жана Кудайдан бөлүнүү болот. Мисалы, Корактын таламдаштары Кудайды толугу менен сыйлабагандыгынан жазаланышты. Жер араанын ачып, аларды үй-жайы менен, мал-мүлкү менен кошо жутту. Бул Ысрайыл үчүн белги болду (Сан. 16 кара).
Тарбиялоо максатында колдонулган жаза Кудайдын сүйүүсү менен шартталган. Ал өзгөрүүгө, өсүүгө, өнүгүүгө алып келет. Мисалы, Кудай Мириямга маанилүү сабак берүү үчүн — Мусаны сынга алганы туура эмес экендигин көрсөтүү үчүн, башында анын пес оорусу менен оорушуна жол берди, андан кийин аны айыктырды (Сан.12-б. кара).
Кудай бизди абдан сүйөт. Ал биздин ар бирибиз жер бетинде Анын бейнесин чагылдыра баштаарыбызга жана Машаяктын Денесинин мүчөсү болуп калаарыбызга үмүттөнөт. Жаза биз үчүн жаңылануунун куралы болуп саналат. Металл аралашмадан жана ылайдан тазаланганга окшоп, Кудай биздин өсүүбүзгө тоскоол болуп жаткан күнөөнү жана таза эместикти бизден алып таштайт. Пайгамбарлар көп жолу Кудайдын тазалай турган сүйүүсү күмүш менен алтынды тазалоо процессиндеги отко окшоштугу жөнүндө айтышкан (Ыш.48:10; Мал.3:3; Зах.13:9 кара).
КУДАЙ БИЗДИН РУХУБУЗДУ СЫНДЫРГЫСЫ КЕЛБЕЙТ
Кудайдын максаты биздин рухубузду сындыруу эмес. Руху сынган адам бүтүн инсан болуп саналбайт, ал рухий жетилген адам боло албайт. Кудай мындай адамга Өзүнүн кызматын ишенип тапшыра албайт.
Жок. Кудай биздин рухубузду сындыргысы келбейт. Ал биздин өжөр эркибизди сындыргысы келет. Ал муну биздин өмүрүбүздө Анын эрки үстөмдүк кылуусу үчүн жасайт. Ал эми бул нерсе дайыма батага алып келет.
Ар бир ата-эне балдар өжөр, өзүмчүл болуп төрөлө турганын билет. «Меники!» жана «Жок!» — балдардын эң сүйүктүү сөздөрү. Бул эки сөз баланын “дүйнөнүн борбору менмин” дегендигинен жана ал өз өмүрүн өз алдынча башкарууну каалаганынан чыгат.
Бирок, бала ата-энесине эле эмес, башка бардык бийликке, анын ичинде Кудайдын да бийлигине тил алчаак болуусу үчүн, жакшы ата-энелер мындай өжөрлүк жана өзүмчүлдүк тамыры менен жок кылынышы керектигин билишет. Баланын өжөрлүгүн жеңүү — анын рухун сындыруу үчүн эмес, бирок баланын ийгиликтүү, мыйзамга баш ийүүчү, жоомарт жана сүйүүчү жолдош, ата-эне, дос, атуул жана Машаяктын Денесинин мүчөсү болуп өсүүсүнө жардам берүү үчүн керек.
Өжөрлүктү жана текебердикти көрсөткөн бала өтө коркунучтуу мүнөз менен, кээде кылмыш иштерине тез көнө тургандай болуп чоңойот. Мындай адамдын жанында болуу жагымсыз. Мыдай адамда сүйүүнү кабыл алуу жана берүү жөндөмдүүлүгү таптакыр жок болуусу мүмкүн. Өжөрлүгүнө жана текебердигине башкалар көз жумуп, макул боло берген балада кубанычты, сүйүүнү же канааттанууну сезүү жөндөмдүүлүгү калыптанбайт.
Өз балдарынын текебер өжөрлүгүн жана билип туруп, баш ийбей жаткан адатын кескен ата-энелердей, Кудай биздин Машаякка окшош болгон сүйүүчү жана жоомарт болуубузга тоскоол болгон текебердигибизди жана тил албастыгыбызды сындырууга аракет кылат.
БИЗГЕ ООРУ АЛЫП КЕЛҮҮ КУДАЙГА ЖАГЫМСЫЗ
Кудай биздин рухубузду сындырууга умтулбайт. Бизге оору алып келүү Ага жакпайт. Кантип эле оору жана азап чегүү биздин жашообузга болгон Кудайдын каалоосу болсун? Жок! Кудай өмүрүбүздө бизге оор жана жагымсыздай сезилген абалдарга жол берүүсү мүмкүн. Бирок бул абалдар биз өзүбүз Жаратуучуга жашообузду толук баш ийдирүүнү каалай тургандай кылууга жардам кылган Кудайдын куралы болуп саналат.
Бул бизди төмөнкүдөй суроого алып келет: машайакчы айланасындагы абалдардын айыпсыз курмандыгы болуп калуусу мүмкүнбү? Ооба, кээде. Башка адамдар канчалык алардын денелик оору жана жанынын кыйналуусуна себепкер боло алышса, машайакчылар ошончолук гана ошол абалдын курмандыгы болуп калышат. Бирок, биз бул ооруну баштан кечиргенибизге Кудай белгилүү максат менен жол бергенин түшүнүүбүз керек.
Биз өзүбүздү курмандык катары көргөндө өткөн учур менен жашап баштайбыз жана жеке оорубузга чырмалып калабыз. Эгер Кудай бизди сүйө турганын жана бизди бир гана Ага белгилүү болгон келечектеги кызматка даярдап жатканын көрсөк, биз өткөн мезгилдин оорусун басып өтүүгө жана алдыга жылууга күч табабыз.
Кудай эч кимге көз каранды эмес. Ал эмнени кааласа баарын токтотуп кое алат. Бирок Кудай адамдын эркине каршы иш жасабайт. Эгер биздин жакындарыбыз жаман ишке барса, алардын жаман ишинин айынан биз да азап чегүүбүз мүмкүн. Мисалы, бир аракеч адамдын чектен чыгып кеткендигинен жана жоопкерсиздигинен анын бүт үй-бүлөсү азап чегет. Кудай муну билет. Бирок Кудай бизди сүйөт жана мындай абалды биз үчүн жакшылыкка айланта алат.
Мага адилетсиз жана татыксыз көрүнгөн нерселерден бала чагымда көп азап чеккеним менин эсимде. Мен төрөлгөн соң тогуз айдан кийин менин атам каза тапкан. Апам бардык убакта иштегендиктен, мен бала чагымдын көп бөлүгүн жалгыздыкта өткөргөнмүн. Андан кийин апам кайрадан турмушка чыкты, бирок анын тандаган адамы бизди жөн гана шылдыңдап, тынбай, уруп да койчу. Буга карабастан, мен эч качан өзүмдү айыпсыз курмандыкмын деп эсептечү эмесмин. Өзүмдү Кудайдын сүйүктүү баласымын деп ишенчүмүн. Бул кыйынчылыктын баары кайсы-бир убакта мен үчүн жакшылыкка айлана турганына ишенчүмүн. Кудайдын бул шарттарга жол бергендигинин кандайдыр-бир максаты бар жана бул максат мен үчүн эле эмес, кайсы-бир убакта мен жардам бере ала турган адамдар үчүн да тиешелүү.
Эгер биз Римдиктерге жазылган Каттагы (8:28): «Анын үстүнө, Кудайды сүйгөндөргө, Анын каалоосу боюнча чакырылгандарга бардык нерсе жакшылыкка болоорун билебиз», — дегенге ишенсек, анда бул биздин жашообуздун бардык шарттарына тиешелүү чындык экенине ишенүүбүз керек.
Биз Кудайдын эң жагымсыз, абдан коркунучтуу абалды да жемиштүү, пайдалуу жана жакшы нерсеге айландыра ала турган жөндөмдүүлүгүн эч качан чектебешибиз керек. Мен өзүмдүн бала чагымды караганда, Кудай менин жалгыздыгымды, оору жана коркунучтарымды, жалгызсырагандарга, ооруга чалдыккандарга жана коркунучта болгондорго, аларга эң жакшы кызмат кылуу үчүн колдонуп жатканын көрөмүн. Мындай адамдарга мен коркпой минтип айта алам: «Эгер Кудай мага жардам берген болсо, силерге да жардам бере алат. Эгер Кудай менин жараатымды айыктырган болсо, анда силерди да айыктыра алат». Бала чагымдагы жагымсыз окуялар мени күнүмдүк турмуштагы кыйынчылыктарда чыдамдуураак, күчтүүрөөк кылды. Ошондой эле кыйын абалга дуушар болгондорго боор ооруганга үйрөттү. Ооба, ошондо мага кыйын болгон, ал убакыт жөнүндө эстөө жагымсыз жана оор, бирок булардын баары мен үчүн бата болду деп айта алам. Бул оор сабак мен үчүн да, башкалар үчүн да жакшылык болуп калды.
Жакында биздин «In Touch Ministries» деген миссиябызга түрмөдөн жаңы эле бошонгон адамдан кат келди. Ал өспүрүм курагында нашага берилип кеткендиги үчүн соттолгон. Ал түрмөдө рухий кайра төрөлгөнүн жана эми өзүнүн ачуу тажрыйбасын өспүрүмдөр менен сүйлөшүп, алардын теңтуштары тарабынан болгон басымды жеңип, нашадан кантип качууга жардам берүүдө колдоноорун жазган. Бул адам өзүнүн ата-энесин же коңшуларын айыптабайт. Ал өзү өскөн чөйрөнүн аянычтуу абалын, ага терс таасир эткенин айтып актанбайт. Тескерисинче, ал өзүнүн жүрүш-турушу үчүн өз жоопкерчилигин мойнуна алат жана бул нерседе башкаларга жардам бергиси келет. Ал минтип жазат: «Мен Кудай баарын алдын-ала караштырып койгонун көрдүм. Ал мени нашага жана мыйзамсыздыкка батып калганымда калтырган жок. Кудай менин камалып, соттолушума жол берди. Эгер мындай болбосо, балким мен эбак эле өлмөкмүн. Кудай мени түрмөдө сактады. Ал мага Машайак жөнүндө айтып берген адамдарга жолуктурду. Түрмөдөн бошогондон кийин, Кудай мени жыйынга алып келди жана башкаларга Машайак жөнүндө, ар бир өспүрүм башынан өткөрө турган басымда кантип бекем туруусу керектиги жөнүндө айтып берүүгө мүмкүнчүлүк берди».
Биздин жараатыбыз кандай гана болбосун, Кудай билет, Кудай сүйөт, Кудай иштеп жатат деген фактыны кабыл алуубуз керек. Мүмкүн, биз менен эмне болгонуна биз жоопкер эмеспиз. Бирок биз өзүбүздүн көз карашыбыз, мамилебиз үчүн жоопкербиз. Биз: «Бул ооруну кантип жеңип чыгуу керек? Кантип аны мага пайда алып келе тургандай кылуум керек?» — деп өзүбүздөн сурашыбыз керек.
Бир жолу мага бир киши келип мындай деп айтты: «Мен бир кыз менен жолугушуп жүрөм жана ал мага барган сайын көбүрөөк жагып бара жатат. Бирок, бул жумада ал мага бир жолку жолугушууда аны бирөө зордуктап койгону тууралуу айтты. Андан кийин, эгер мен чындап эле биздин мамилебизди улантууну кааласам, дагы көп нерсе тууралуу билүүм керектигин кошумчалады».
Мен ага айттым: «Бул мамилелерди улантуудан мурун, ал аял өткөн жашоосу менен эмне кылуу керектигин билүүсү үчүн, сиз ага жакшы психологду табуусуна жардам берүүңүз керек. Болбосо, сиз келечекте чыгуу жолун таба албай турган абалда калууга тобокел кылган болосуз».
Ал менин кеңешимди кабыл алды. Бул аялга өзүн курмандык катары сезүүнү токтотуу кыйынга турду. Кайсы бир убакта ал, жада калса, курмандыктын ролуна бой сунуп, кайгысы жөнүндө билген адамдардын ага боору ооругандарынан канааттануу ала баштады. Жыйынтыгында, ал өзүнүн азыркы жашоосун жана келечегин толугу менен караңгылаткан өткөн жашоосу менен жашай баштады. Өткөн жашоосундагы жолугушууда болгон зордуктоо анын азыркы учурда өзүн ким катары көрө турганын аныктай баштады.
Эгер бүгүн сиз өткөн жашоонун көлөкөсүндө жашап жаткан болсоңуз, — сиздин куткарылуу тажрыйбаңыздан башкасында, — сиз абдан көп эмгектенүүңүз керек. Анда сиз дагы эле сизди башкалар таарынтуусуна жол берип жатасыз жана Кудайдын сүйүүсү менен бошонууга жана айыгууга аракет кылган жоксуз. Бирок өзүңүздү курмандык катары сезүүңүз токтомоюнча, сиз Кудайдын эркине жете албайсыз.
Аягында бул аял айта алды: «Мен жашоомду улантуум керек. Мен өзүмдү бүтүн инсан болуума тоскоол болгон бардык нерседен Кудайдын жардамы менен кантип бошоно турганымды түшүнүүм керек».
ЭМНЕ БОЛУП ЖАТКАНЫН СИЗ ЧЫНДЫГЫНДА БИЛЕСИЗБИ?
«Мени менен эмне болуп жатканын Кудай Өзү билеби?», «Менин азап тартып жатканым Кудайды тынчсыздандырабы?» — деген суроолор сизге сөзсүз түрдө тааныш болсо керек. Бирок, сиз өзүңүзгө бере турган, буга караганда кызыктуу жана пайдалуу суроолор бар чыгар:
• Мени менен эмне болуп жатканын мен билемби?
• Кудай менин жашоомдо эмне кылууну каалагандыгы мени кызыктырабы?
Сиз үчүн эмнени даярдап койгонун Кудай билет. Бирок бул жөнүндө сиз билесизби? Сиздин жашооңузда Кудай эмне кылып жатканын сиз түшүнөсүзбү?
Мурунку жашоо ачыгыраак жана түшүнүктүрөөк болгондо, биз көзүбүздүн кыйыгын салып, өткөн чакты көргөндөй болобуз. Мен өз жашоомду караганда Кудай мени кантип өзгөрткөнүн так көрө алам. Мен талкаланган, басынтылган жана сооротулбас абалда болчумун. Баарыбызда окшош болгондой эле, мага да ооруну сезүү ырахат алып келчү эмес. Бирок мен бек айта алам: мен Кудайдын жасаган бардык иши үчүн ыраазымын. Менин Кудайга толугу менен таандык экендигимди бүт жүрөгүм менен таанып билишим үчүн Анын балкасынын соккусунан болгон ар бир оюк жана менин жүрөгүмдөгү Анын кескичинен калган ар бир из, ар бир көз жаш жана ар бир так, ар бир көңүл калуу моменти жана ар бир үмүтүм үзүлгөн кыска учурлардын баарысы арзырлык болду.
Кудайдан сиздин жашооңузда эмне жасап жатканын ачып берүүсүн сураныңыз. Ал сиздин кырсыктооңузга жана кыйынчылыкка дуушар болууңузга жол бергенде, Андан сиз үчүн жана сиз аркылуу эмне кылгысы келгенин сураңыз.
Өз көйгөйлөрүңүзгө Кудай сиздин ичиңизде эмне кылып жатканын эстөө менен караңыз.
Мен сизге суроо берсем болобу: «Сиздин өмүрүңүздө Кудай сиз үчүн түбөлүктүүлүктө даярдап койгон баталарына кол шилтеп, кыя өтүп кетүүгө даяр болгон башка бир нерсе барбы?» Сиздин бул суроого оң жооп бере аларыңызга шектенип турам. Анткени бул жалган дүйнөдө Кудайдын чексиз ырайымын четке кагып, баалабай, таштап кетүүгө татыган башка эч нерсе жок. Сиздин жашооңузга карата болгон Кудайдын улуу ой-максатынын баалуулугу менен теңештире турган эч нерсе жок!
3-бөлүм. ЭМНЕ ҮЧҮН БИЗ АЗАП ЧЕГЕБИЗ
Бир жолу бир жаш адам мага мындай деди:
— Мен эки жыл мурун машайакчы болуп калдым, ошондон тартып менин жашоом абдан катуу өзгөрүлдү. Мурунку жумада, жума күнү, сыйынуу чогулушуна бара жатып мындай ойлодум: «Ушундай да болот экен, ээ. Эгер эки жыл мурун мага кимдир-бирөө мен жума күн сайын сыйынуу чогулушуна бара турганымды, Кудайды даңктап, ар бир мүнөттө кубанып, Ага мактоо ырларын ырдай турганымды айтса, анда мен аны акылынан адашып калган деп эсептемекмин». — Андан кийин олуттуу түрдө кошумчалады: — Бирок кээде мен өзүмдөн сурайм: эмне үчүн мен Теңирге келгенге чейин ушунча кыйынчылыкты башымдан өткөрдүм? Мен аракеч болчумун. Мен буюмдарды колдонуп, ал эми адамдарды сүйгөндүн ордуна, адамдарды колдонуп, буюмдарды сүйчүмүн. Менде мыйзам менен болгон көйгөйлөр бар болчу. Мас абалымда машина айдап, жол кырсыгынын айыпкери болдум жана бир адамды аз жерден өмүрүнөн ажыратып коеюн дедим. Кудай мени эртерээк эле куткарбаганы кандай өкүнүчтүү.
Мен ага жооп бердим:
— Мүмкүн, сен жаңыдан жашашың үчүн адегенде сендеги бир нерсе өлүшү керектир эле.
Ал көз ирмемге ойлоно калып, анан мындай деди:
— Ооба, сиз туура айтып жатасыз. Мен эки жарым жылдай мурун «жакшы жашоо» деп атап келген нерседен баш тарттым. Ошого чейин менин жашоом эң сонундай сезилчү. Азыр гана ал жашоо кандай шумдуктуу болгонун түшүнүп жатам.
Адам Кудай алдын ала белгилеп койгон өмүрдө толук жашоосу үчүн, ал адегенде өзүнүн жашоосун башкарууга болгон умтулуусун, башкача айтканда, жеке пландарынын жана каалоолорунун жетегинде жашоого умтулуусун өлтүрүүсү керек.
ЖАШОО БАШТАЛЫШЫ ҮЧҮН БИР НЕРСЕ ӨЛҮҮСҮ КЕРЕК
Кыйроо-талкалануу темасындагы Жазуудагы маанилүү үзүндүлөрдүн бири болуп Жакандан болгон Жакшы Кабар саналат (12:24–25). Шакирттерин Өзүнүн айкаш жыгачта керилип, өлө турганына жана тирилүүсүнө даярдап, Ыйса мындай сөздөрдү айткан: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коеюн, эгерде буудайдын даны жерге түшкөндөн кийин өлбөсө, бирөө бойдон гана калат. Эгерде өлсө, көп түшүм берет» (Жн. 12:24).
Сиз данды колуңузда кармап тура берсеңиз, эч нерсе пайда болбойт. Аны кампада, же бөлмөдөгү терезенин текчесине, же айнек идиштин алдына коюп, түбөлүк кармасаңыз да — дан дан бойдон кала берет. Ал эч кандай пайда алып келбейт, аягында чирип, топуракка айланат.
Бирок, сиз данды алып, аны жерге эксеңиз, сиз ага өлүмгө өкүм чыгарасыз, бирок бул жолу аны кайта өндүрүү үчүн болуп жатат. Топурактагы азык заттар, күндүн жылуулугу жана нымдуулук — булардын баары дандын сырткы кабыгына таасирин тийгизет. Бир аздан кийин ал кабык жарылып, андан топуракты тешип, күнгө умтулган жашыл сабак пайда болот. Андан аны жерге бекемдеп, тамыр чыгат. Бул көк тамыр бекемделип, өскөн сайын, дан жоголо баштайт. Аягында андан жүгөрүнүн сотосу же буудайдын башы пайда болот. Жүгөрүнүн сотосунда да, буудайдын данында да дагы башка жаңы өсүмдүк өсө ала турган ондогон жаңы дандар болот.
Эгер бир буудай данынан өсүп чыккандардын баарын жерге себе турган болсо, бир нече гектар болгон буудай талаага айланат.
Ыйса эч кандай дан жерге отургузулбаса жана анын өскөнүнө жол берилбесе, жемиш алып келе албай турганы жөнүндө окуткан. Албетте, Ыйса бул образдын жардамы менен Өзүнүн өлүмү тууралуу айткан. Ал жер бетинде жашаганда, кээ бир адамдар айыгуу алышкан, көпчүлүгү Анын кереметтерин көрүшкөн. Кимдир бирөө Машайактын насаат сөздөрүн угуп, Кудайга кайрылган. Бирок Ыйса тирүү кезинде бүт дүйнө толугу менен кечирим алган эмес.
Анын өмүрү улануусу үчүн, жемиш алып келүүсү үчүн жана ал жемиш көбөйүүсү үчүн, Ыйсага өлүүгө туура келди. Ал өлдү жана тирилди, Анын өмүрү кылымдардан бери миллион эсе көптөгөн жемиш берди. Ыйсаны өзүнүн Куткаруучусу катары кабыл алып жана күнөөлөрүнөн кечирим алгандардын ысымдары эми Курмандык Козунун Өмүр китебине жазылды. Себеби Ал Өзү өлүүнү каалагандыктан, бул иш жүзөгө ашты.
Эми Теңир биздин ар бирибизди өз айкаш жыгачыбызды алып, көтөрүп жүрүүбүзгө: өзүбүз үчүн өлүп жана Кудайдын ичинде жашап, Анын максаттарына жетүүбүз үчүн өзүбүздү Ага толук арнообузга чакырат.
Ыйса шакирттери менен сүйлөшүүсүн улантып, мындай деген: «Ким өз жанын сүйсө, ал андан түбөлүккө ажырайт. Ал эми ким бул дүйнөдө өз жанын жек көрсө, аны түбөлүк өмүр үчүн сактап калат» (Жн. 12:25).
Бизде өзүбүздүн адаттарыбыз, каалоолорубуз, амбициябыз, пландарыбыз жана максаттарыбыз үчүн өлүүгө каалоо болуусу керек. Биз Теңир Ыйса Машайак биздин ичибизде жана биз аркылуу таасир тийгизүүсүнө умтулуубуз керек. Ошондо гана биз өмүрдү толугу менен таанып, биле алабыз. Ошондо гана биз өзүбүздүн эмне үчүн жаратылганыбызды орундата алабыз. Чыныгы жана түбөлүктүү нерсе айкын болушу үчүн, биздеги жердик нерсе өлүүсү керек!
Эгер биз Кудайдын сүйүүсү каптап, бизди толтуруусуна жол берүүнү кааласак, өзүбүздү сындырып жана өзүбүздү ашыкча сүйүүчүлүгүбүздү ооздуктообуз керек.
Жазуудагы дагы башка бир нече үзүндүлөр да бул ойду ырастайт: эгер биз өз каалоолорубузду жана умтулууларыбызды карманып, отура берсек, биз жеңилип калабыз. Бирок биз андан ары барсак жана Кудай биздин жашообузду башкаруусуна жол берсек, биз жеңебиз (Мат 10:39 жана Мат. 16:24–26).
Мүмкүн, кимдир бирөө сурайттыр: «Эмне үчүн Кудай кайрадан тирилтүү үчүн, өлүмдү талап кылат?» Кудайдын зор акылмандыгынын сыры бир гана Кудайдын Өзүнө белгилүү. Бирок биз бул негиздин Анын бардык жаратуусунда иштеп жатканын байкай алабыз.
Кимдир-бирөө жүзүмдүн талдарын басып, былчыйткандыгы үчүн биз жүзүм ширесин ичип жатабыз. Кимдир-бирөө данды жаргылчакка тарттыргандыктан, бизде нан бар. Кудай биздин өзүмчүл эркибизди кыйратып-талкалаганда гана биз жашоого толук кубана алабыз.
КУДАЙ ӨЗҮ БИЗДИН КЕЛЕЧЕГИБИЗДИ АНЫКТАГЫСЫ КЕЛЕТ
Өзүмдүн көп жылдык кызматымда мен Теңирге өзүн баш ийдирүү процесси көбүнчө жаш адамдарга кыйынга турарын байкадым. Алар алдыга карашат, жана толгон-токой таң калаарлык мүмкүнчүлүктөрү бар болуп көрүнгөн келечек алардын алдында жайылып жатат. Шайтан болсо аларга так ушул адам менен байланыш түзбөсөң, тиги менен жыныстык катнашта болбосоң, бул буюмга ээ болбосоң келечек ийгиликтүү болбойт деген ойлорду таңуулайт. Андан соң, жаштар шайтан сүрөттөп берген «идеалдуу жашоо» тарапты көздөй умтула башташат. Андай «жашоодо» Кудайга орун жок экенин сиз түшүнүп турсаңыз керек.
Шайтан сунуш кылган нерселердин аркасынан кууп жүрүп, адамда дүйнөкордуктун руху пайда болот. Дүйнөкордук барган сайын адам үчүн чыдагыс жүк болуп калат. Анда дайыма ач көздүктүн элементи бар — алдыда сөзсүз жетүү керек болгон, иштеп табуу керек болгон, ээ болуш керек болгон жаңы нерсе бар. Дүйнөкордук — бул өзүмчүлдүктүн көрүнүшү. «Мен» өзүнүн каалаган нерсесин талап кылат. Адам өзү үчүн кандайдыр-бир нерсеге суусап жатса, ошол учурда башкалар менен эмне болоору ага баары бир. Ал өзүнүн денеси менен да, жаны менен да эмне болоору жөнүндө ойлонбойт. Дүйнөкордук — жыйынтыгында адамды кулга айландыра турган, ооздукталбаган кумардануучулук.
Сиздин жашооңузга баалуулукту, маанини жана кадыр-баркты бере турган нерсе катары шайтандын сунуш кылып жаткан бардык нерсеси — бул жөн гана ишке ашпаган көрүнүш. Алар чөлдөгү алдамчы элеске окшош. Сиз ушул ишке ашпаган максатты көздөй чуркашыңыз мүмкүн же аны карай бүт күчүңүз менен сойлоп жана жөрмөлөп жылсаңыз да, эч качан ага жетпейсиз. Сиздин оюңуз боюнча сизге жашаганга жардам бере турган нерсе чындыгында, сизди өлтүрөт.
Жакшы буюмдарга ээ болуу каалоосу жаманбы? Биздин жакындарыбызга эң жакшысын сатып бергибиз келгендин эмнеси жаман? Кантип эле ийгиликке умтулуу — күнөө болсун?
Жок! Көйгөйлөр адам бул нерселерсиз жашай албай калганда башталат. Көйгөйлөр адам Кудай менен болгон мамилелешүүнүн ордун буюмдарга жана мансаптык пландарга алмаштырып салганда пайда болот. Көңүлүбүз өзүбүздүн максаттарыбызга жетүүгө бурулганда, биз дээрлик дайыма алдыбызга Кудай койгон максатты жоготуп коебуз. Кудай менен мамилелешүүнү биринчи орунга койгондо гана бизди чындап канааттандыра турган нерсеге ээ болууга Кудай жардам берет.
Бир жолу мага өзүнүн сүйгөн кызы менен мамилеси бузулгандыгынын себебинен абдан кайгырып жүргөн жаш жигит менен сүйлөшүп калдым. Ал аны абдан катуу сүйүп, өз жашоосун бир гана аны менен өткөрүүнү кыялданган. Ал башка бирөөгө кетип калганда, ал жигит абдан жаман абалда калган эле.
Сүйлөшүү учурунда, ал анын жашоодогу бардык пландары кыздын каалоолорунун айланасында экенин — ага жакын болуу үчүн ал жаңы жайга көчкөн, анын кеңеши менен жумушун алмаштырган, анын жыйынына бара баштаган, ал тургай, ал кандай кааласа, ошондой кийине баштаганын мойнуна алды. Ошентип, ал кыз тараптан басымды сезип баштаган.
Мен андан: «Кудай жаңы жерге көчүүгө жана жумушту алмаштырууга кеңеш бердиби?» — деп сурадым. Жаш жигит өз пландары жөнүндө Теңир менен сүйлөшүүнү да ойлобогондугун мойнуна алды. Ошондо мен ага албетте, нормалдуу жашоого кайрылууну кааласа, Кудай менен мамилелешүүнү баштоосуна кеңеш бердим. «Кудай сен үчүн эмнени каалай турганын Андан сура», — дедим.
Мен ал жигит менен бир нече жыл көрүшпөй калдым. Экөөбүз кайрадан кездешкенде, ал сулуу кызга үйлөнүптүр, алты айлык баласы бар экен. Ал: «Кайтаруучу Стенли, мен Кудай Сөзү менен жашап баштагандан бери көп нерсе өзгөрдү. Мен туулган шаарыма кайрылып келип, Кудай мага көрсөткөн жерде иштеп баштадым. Өз аялымды мен өмүр бою барып жүргөн жыйындан жолуктурдум. Мен колледжде окуп жатканда ал үй-бүлөсү менен биздин шаарга көчүп келиптир. Теңир Өзү бизди кошту, биз Анын баталуу колун көрүп жатабыз. Биздин жашоодогу максатыбыз бирдей» — деп айтып берди.
Шайтан бизге келечегибиз үчүн эмне керектиги тууралуу өзүнүн ой-пикирин таңуулаганга аракет кылат. Бирок мунун баары — азгырылуу. Адамдарга бата берүү анын планына кирбейт. Тескерисинче, ал адамды убаралуу оор күнгө дуушар кылгысы келет. Эгер биздин өмүрүбүздө ансыз жашай албастай көрүнгөн бир нерселер болсо, бул биз үчүн кырсыктын белгиси. Биз Кудай менен болгон мамилебизди кайрадан карап, өз баалуулуктарыбызды туура аныктообуз керек.
Ыйса ачык окуткан: «Ошондуктан: “Эмне жейбиз, эмне ичебиз?” же “Эмне киебиз?” — деп түйшүк тартпагыла. Анткени бутпарастар булардын баары үчүн түйшүк тартышат. Ал эми силердин ушунун баарына муктаж экениңерди асмандагы Атаңар билет. Баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгын жана адилеттигин издегиле, ошондо мунун баары силерге кошулуп берилет» (Мат. 6:31–33).
Кудай сиз эмнеге муктаж экениңизди билет. Ал сиз үчүн эмне эң жакшы экенин жана ошол «эң жакшы» нерседен сизге канча керектигин да билет. Чындыгында, биз азга деле канаатанып, жашай алабыз. Ал эми Кудай менен мамилесиз биз чынында жашай албайбыз. Эң биринчи кезекте бизге Кудай керек. Биз Ансыз эч нерсе кыла албайбыз.
Шайтан бизге бактылуу келечек үчүн «сөзсүз ээ болушуң керек» деп кеңеш берген нерсе чындыгында убактылуу, өтүп кете турган нерсе. Эгер биз кандай гана болбосун каалаганыма ээ болом деген умтулуубузду токтотсок жана Кудайга кайрылсак, анда Теңир биздин бүт муктаждыктарыбызды эң жакшы жол менен толтуруп берет. Эгер өзүбүз үчүн келечегибизди өз алдынча аныктаганды токтотсок, Ал биз өзүбүз эч качан эч кандай жол менен жете албаган эң сонун нерсени берет. Кудайдын эң жакшысы биздики болот. Бирок бул биз өз көз карандысыздыгыбыздан ажырап, толугу менен өз жашообузду Кудайга баш ийдиргенибизде гана ишке ашат.
КУДАЙ ӨЗҮ БИЗДИН МАКСАТТАРЫБЫЗДЫ АНЫКТАЙТ
Бир жолу ушул темадагы насаат сөздөн кийин бир кыз мага келип: «Максат коюу, эмне, жаманбы? Сиз бизди бир күндүк жашоого, бардык нерсени Кудайга тапшырып, алдыга эч кандай максат койбой жашоого чакырып жатасызбы?» — деп сурады.
Өз алдыңа максат коюуда эч кандай жаман нерсе жок. Кудайдан кеңеш сурабастан өз максаттарыбызды аныктап жатсак — ушул жаман. Пландаштырганда биз чын жүрөктөн: «Кудайым, мен эмне кылуум керектигин ачып бер», — деп сыйынуубуз керек.
Биздин сыйынуубуз Ыйсанын Гетсемани багында: «…Мен каалагандай эмес, Сен каалагандай болсун», — деп сыйынганындай болуусу керек (Мат. 26:39).
БИЗ — МАШАЙАКТЫН ЖАРАТКАНЫБЫЗ
Биз өз жетишкендиктерибиз жана ийгиликтерибиз үчүн кимге милдеттүүбүз?
Сиздин ким болооруңуз жана эмнеде ийгиликке жетээриңиз үчүн өзүңүз жоопкерчиликтүүмүн деп эсептейсизби? Же Кудай Өзүнүн максаттарына жетүү үчүн, Сиздин ичиңизде жашап жана сиздин өмүрүңүздү өзгөртөөрүнө таянасызбы?
Бул эки башка көз караш. Эгер биз тагдырыбыз өз колубузда дегенге ишенсек, анда азап чегүүнү кабыл ала албайбыз.
Акылдуу адам Кудай бизге болгон Өз укугун билдиргенге акылуу экенин мойнуна алат. Кудай Өзүнө жаккандай кылып, Өзүн биз аркылуу, — биздин оозубуз, көзүбүз, колу-буттарыбыз, ойлорубуз жана сезимдерибиз аркылуу, — көргөзгүдөй күчкө жана бийликке ээ. Биз, азыркы замандын машайакчылары, Машайактын бейнесин өзүбүздө чагылдыруу эле эмес, Анын өмүрү бизде толугу менен көрүнө тургандай болуп жашоого чакырылганбыз.
Ыйык Китепте биз Ыйса Машайакты Куткаруучу катары кабыл алгандан тартып, өзүбүзгө таандык эмес экендигибиз жана өз келечегибизди аныктай албай тургандыгыбыз айтылган. Элчи Пабыл жазган: «Силер ырайымдын негизинде, ишеним аркылуу куткарылдыңар, бул силерден эмес, бул — Кудайдын белеги. Эч ким мактанбашы үчүн, бул кылган иштерден да эмес. Анткени бизди Ал жараткан, Кудай алдын ала белгилеп койгон жакшы иштерди аткарышыбыз үчүн, биз Машайак Ыйса аркылуу жаратылганбыз» (Эф. 2:8–10).
Өз куткарылууңузду эч кандай иштеп таппагандай эле, азыр сизди курчаган даңкты да иштеп тапкан жоксуз. Сиз — башынан аягына чейин Кудайдын жаратканысыз. Кудай Аны менен жана Ал үчүн жасашыңыз керек болгон жакшы иштерге — сиздин таланттарыңызга жана жөндөмдүүлүктөрүңүзгө, сиздин билимиңизге жана шыктарыңызга, башкача айтканда, Кудай сизге эмне менен бата берген болсо, ошого ылайык келген нерселер менен сизди жетелейт жана жол көрсөтөт.
Башыман өткөн жылдарды караганда, Кудай менин ар бир кийинки кадамымды таштоомо кантип жардам берип, мени бир окуядан экинчисине жетелеп келгенине таң калбай кое албайм. Кудай дайыма мени Ага пайдалуу болушум үчүн, Ал мени жеткилең кыла ала турган орундарга жана абалдарга жайгаштырган.
Өспүрүм курагымда маяна табуу үчүн гезит сатчумун. Бир жолу мен соода кылган төрт көчөнүн кесилишинде мени менен сүйлөшүү үчүн таанышым Жулиан токтоп калды. Мен ага өз пландарымды айттым. Ошол мезгилдерде Теңир мени насаатчы болууга чакырып жаткандай сезилчү. Мен: «Билесиңби, мен колледжде окушум керек, бирок менде акча жок» — дедим. Биз жакын дос деле эмес элек, жөн гана тиги-буну сүйлөшүп жатканбыз. Ушул учурда биздин жыйындын кайтаруучусу жаныбыздан өтүп бараткан. Күтүлбөгөн жерден Жулиан аны чакырды: «Мырза Хэммок, Чарлз Теңир аны насаатчы болууга чакырып жатат деп эсептейт. Сиз ага колледжге тапшырууга жардам бере албайсызбы?»
Кайтаруучу Хэммок: «Жардам бере алам го деп ойлойм. Сыйынуу үйүнө келип, мага жолуксун», — деди.
Кийинки күнү мен анын кабылдамасына жөнөдүм. Бул мен үчүн өмүрүмдөгү эң маанилүү жолугушуулардын бири болуп калды. Кайтаруучу Хэммок биздин шаардан үч жүз чакырым аралыкта жайгашкан Ричмонд университетинде төрт жыл бою окуума стипендия алууга мага жардам берди.
Жулиан менен ошол кечте сүйлөшүүм кокустукпу? Кайтаруучу Хэммоктун ошол учурда биздин жаныбыздан өткөнү, ал эми Жулиандын аны токтотууга чечим чыгарганы кокустукпу? Кудай мага белгисиз болгон Өзүнүн жолдору менен иштеди.
Кудай биздин дирижер эле эмес, Ал — композитор.
Ыйса Машайак биздин өмүрүбүздүн автору жана бүтүрүүчүсү (Эвр.12:2 кара).
Биз өжөрлөнүп, өз аңгемебизди жазууга аракет кылып жатсак, Ал Өз эркин биздин жүрөгүбүздүн лоокторуна жаза албайт.
Биз өзүбүздүн жеке жолубузду төшөп жатсак, Ал бизди Өзүнүн адилеттик жолу менен жетектей албайт.
Биз тырышып, өз жашообузду башкарып жатсак, Ал биздин Падышабыз жана Теңирибиз боло албайт.
Биз өз каалообуздун аткарылуусун талап кылып жатсак, Ал бизге Өз каалоосун ачып бере албайт жана ийгиликке, жемиштүүлүккө жана батага алып келе албайт.
Биз өз тагдырыбызды өзүбүз башкарып жатабыз деп сезип жатсак, биз үчүн Кудай тарабынан даярдалган жашоонун толуктугун сезе албайбыз.
Биз — Анын жаратуусубуз. Эгер биз өз каалаганыбыздай иш жасасак, Кудай менен болгон мамилебизди бузабыз жана өз жашообузду Теңирге толугу менен баш ийдирүүдөн баш тартуудабыз.
4-бөлүм. АЗАП ЧЕГҮҮНҮН МААНИСИН ТҮШҮНҮҮДӨГҮ ТОСКООЛДУКТАР
Азап чегүү Кудайдын каалоосунун бир бөлүгү болуп саналаарын түшүнүү жолунда бир нече тоскоолдуктар бар. Эң башкы тоскоолдуктардын бири, биздин жасап жаткан иштерибиз — бул машайакчылык жашоо деген пикир. Машайакчы дегенге аныктама берчи деп кимдир-бирөөдөн сурансак, анда биз төмөндөгүгө окшош жооп алабыз: «Машайакчы — ал сыйынуу үйүнө барып, ал жакта гимндерди ырдаган, сыйынган, акчасын курмандык кылган, Ыйык Китепти окуп жана өз ишеними тууралуу башкаларга айткан адам». Ар кандай адамдарда, албетте, бул тизме ар түрдүү болушу мүмкүн. Бирөөлөр айтышат: «Ал ичпегендиктен, чекпегендиктен, урушпагандыктан — машайакчы». Башкалар: «Ал машайакчы кыз, анткени жигиттер менен ойноп-күлбөйт, түнкү клубдарга барбайт», — дейт чыгар.
Бирок машайакчылык жашоо биздин жасап жаткандарыбыз менен аныкталбайт.
Ал биз үчүн Ыйса Машайак айкаш жыгачта эмне кылгандыгы менен, ошондой эле Аны өзүбүздүн Куткаруучубуз деп кабыл алып, ким болуп калгандыгыбыз менен аныкталат. Машайакчылык жашоо, ошентип, Ыйык Рухтун жана Анын күчүнүн жетегинде биз ким болуп калгандыгыбыз менен аныкталат.
Албетте, адам канчалык Машайакка көбүрөөк окшошкон сайын, ошончолук анын жашоосу өзгөрүлөт. Анын жаңыланган жашоосунда кээ бир мурунку адаттары өөн учурап баштайт. Ишенүүчүдөгү Машайактын жашоосунун толуктугу сөзсүз түрдө кызматында, даңктоо жана Кудайга ыраазычылык айтуусунда көрүнүп баштайт. Чыныгы ишенүүчү: «Мен машайакчы экенимди башкалар түшүнүүсү үчүн кандай кылышым керек?» — деген суроо менен алек болушунун кажети жок. Чыныгы ишенүүчү жөн гана Кудайдын сүйүүсүнө жооп берет жана бардык нерседе анын ордунда Машайак кандай жасай турган болсо, ошондой жасайт.
БИРИНЧИ ТОСКООЛДУК: ӨЗҮНӨ ТАЯНГАНДЫК
Сыноо мезгилинде сиз жолуга турган эң чоң маселе — бул машайакчы болуу деген эмне экенин жана машайакчыдай жашоо деген эмне экендигин кайрадан жаңыча түшүнүү. Машайакчы үчүн эң башкысы — иш эмес, а Ыйса Машайак менен мамилелешүү. Иштер — бул Анын камкордук кылуусу. Ал бизди акырындап өзгөртүп, Өзүнө окшоштурууда. Ал бир эле учурда автор жана редактор. Ал Өзү биздин жашообузду Анын ойлоруна туура келе тургандай кылып өзгөртөт.
Сиз өзүңүздүн күнөөкөр табиятыңызды өзгөртө албайсыз. Эртең менен күзгүдөн өзүңүздү карап туруп: «Бүгүн мен өзүмдү бардык күнөөлөрдөн тазалайм жана менин жашоом түп-тамыры менен өзгөрөт», — деп айтууга болбойт. Бул таптакыр мүмкүн эмес. Көпчүлүк адамдар өздөрүн рухий жактан өзгөртүүгө аракет кылышат, бирок алар кайра эле баягы: «Мен муну өзүм кыла албайм», — деген жыйынтыкка келишет. Бир гана Ыйса Машайак адамдын жүрөгүн тазалап жана өзгөртө алат. Кудай тарабынан бизге берилген Ыйык Рух гана бизди туура чечим чыгарууга үйрөтөт, биздин жүрөктү жумшартып, биз туура тандай алуубуз үчүн акылыбызды ачат.
Биз — топурак экенибизди, Ал — карапачы экендиги дайыма биздин эсибизде болуусу керек!
ЭКИНЧИ ТОСКООЛДУК: ЖӨНДӨМДҮҮЛҮКТӨР ЖАНА ТАЛАНТТАР
Азап чегүүдө батаны алуу жолундагы дагы бир тоскоолдук биздин таланттарыбыз жана жөндөмдүүлүктөрүбүз болуп саналат. Бул карама-каршылыктай көрүнүүсү мүмкүн, бирок биздин жөндөмдүүлүктөр аларды толугу менен ачканга эле эмес, жаңыларына ээ болууга да тоскоол болот.
Кимге көп берилген болсо, Кудай тарабынан жол берилген талкалануу мезгилин басып өтүү ошол адамга көп учурда кыйынга турат. Так ошол таланттуу адамдар кадыр-баркты көбүрөөк сүйүшөт жана өздөрүнө ишенишет. Жакшылап карасак, так ошол жөндөмдүү инсандар башка адамдардын алдында артыкчылыкка ээ.
Жөндөмдүүлүктөргө жана таланттарга ээ болгон адамдын көйгөйү — аларга ээ болгондугунда эмес, адам аларга толугу менен таянганында болуп жатат. Биз Кудай тарабынан берилген өз жөндөмдүүлүктөрүбүзгө таянганда, көп нерседен кур калабыз. Теңир биздин жөндөмдүүлүктөрдү кантип Өзүнүн катышуусу менен күчөтүп жана түшүбүзгө кирбегендей көбөйтөөрүн сезүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырайбыз.
Ээ болгон нерсесине курсант болуп жаткандар чындыгында муктаж болгон нерсени Кудайдан кээде эле сурайт.
Алар эмнеден айрылып жатканын түшүнүшпөйт.
Андайлар Кудай аларды кантип колдоно алаар эле, көрө алышпайт.
Алар өздөрүнүн жашоосуна тиешелүү Кудайдын ой-максатын түшүнүшпөйт.
Алар баталардын жанынан кыя өтүп бара жаткандарын баамдашпайт.
Таланттуулар же болбосо, акчалуулар өз жашоолорун өздөрү башкарууга аракет кыла тургандыгына мени көп жылдык кайтаруучулулук тажрыйбам ынандырды. Алар өздөрүн жогото турган нерселери бар адамдарбыз деп эсептешкендиктен, өз байлыктарын сактап калуу үчүн колунан келгендин баарын жасашат. Бул үчүн алар байлыгын баарынан алыс, жада калса, өздөрүнөн да алыс жашырып коюуга даяр.
Таланттуу адамдар, бирок, бир нерсени түшүнүшпөйт. Адам өзүн Кудайга тапшырганда, эч нерсе жоготпойт. Өзүн берүү бизди байлыгыбыздан ажыратпайт. Бизди Өз колунда курал кылуудагы Кудайдын улуу жөндөмдүүлүгүнүн сыры жөнөкөй принципти камтыйт: «…бергиле, ошондо силерге да берилет: жакшы ченем менен ченеп, ыкшап, бастырып, ашыра толтуруп, этегиңерге төгүшөт, анткени кандай ченем менен өлчөп берсеңер, силерге да ошондой өлчөм менен өлчөнүп берилет» (Лк. 6:38).
Бул аятта сөз бир гана каражат же материалдык нерсе тууралуу болгон жок, адам ээ болгон бардык нерселер жөнүндө болуп жатат. Биз Кудайга эмнебизди берсек да, Ал бизге ашыгы менен кайтарып берет. Биз өзүбүздүкүн кирешеси менен алабыз жана кубанычка, тынчтыкка жана канааттануу сезимине ээ болобуз. Ал бизге ушунчалык көп бергендиктен, биз Ага эч нерсе төлөй албайбыз.
Теңир башкаргандай, биз өзүбүздүн жашообузду акылмандык менен башкара албайбыз. Ал бизди жараткан, ошондуктан бир гана Ал бизди жашоодо баштап барууну, өз мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чегинде жеткилеңдикке жетүүгө кандай жардам берүүнү билет. Ал биздин эмнеге жөндөмдүү экендигибизди билет жана биздин потенциалыбызды толугу менен кантип жүзөгө ашырууну билет.
Өмүрүбүздө пайда болгон мүмкүнчүлүктөргө карап, көп мезгилде биз: «Мен эмне кылуу керектигин билбейм. Мен эмнени тандашты жана кайда барышты билбейм», — дейбиз.
Бирок Кудай билет. Ал биз эмнеге жөндөмдүү экендигибизди эле эмес, биз өзүбүздө бар деп ойлоп да койбогон жөндөмдүүлүктөрүбүздү, таланттарыбызды кантип ачык-айкын көрсөта аларыбызды да билет!
Таланттуу адам кыйналып-талкаланган учурда, көп мезгилде жеке күчү менен өзүнүн кыйын абалын оңдоого аракет кылат. Бирок Кудайга: «Кудайым, мен билбегенди Сен билесиң. Мен өзүмдү Сага тапшырам. Мени менен жана менин таланттарым менен Өзүң каалагандын баарын жаса», — деп кайрылуу эң эле акылмандуулук болот.
ҮЧҮНЧҮ ТОСКООЛДУК: ТУУРА ЭМЕС ТАЯНЫЧТАР
Кудай бизди өзгөртүп жатканда биздин жашообуздун бардык сфераларын Өз эркине баш ийдирүүгө аракет кылат. Ошого жетүү үчүн, Анын эркине толугу менен моюн сунууга, Ага толук ишенүүгө тоскоол болуп жаткан нерселердин баарын бизден алып таштайт.
Кудайга бардык нерседе толук ишенүүбүз — бул Анын каалоосу. Биз жок дегенде бир нерседе өзүбүзгө таянып жатсак, анда Кудайга толугу менен ишенбей жатабыз. Билип туруп же билбей таянган бардык нерселерибиз — биз менен Кудайдын ортосундагы тосмо, тоскоолдук, бөгөт болуп калат. Эгер кайрадан топурак менен карапачынын Ыйык Китептеги образын колдонсок, мындан ары топурак менен иштегенге мүмкүн болбой калган кемчилик болуп, дал ошол топурактагы таш болуп, дээрлик даяр болуп калган идиштеги көңдөйчөлөр болуп биздин таянган нерселерибиз болуп калат.
Деги эмнеге таянууга биз шыктуубуз?
Өз күчүм
Биринчиден, биз өзүбүзгө таянууну чечебиз. Биз көз карандысыз болууга умтулуу менен төрөлөбүз. Биздин көпчүлүгүбүз эбак эле өз жүрөгүбүздүн лоокторуна: «Кудайдын кирүүсүнө тыюу салынган!» — деп жазып койгонбуз. Башкалар Теңирге: «Кудайым, мына менин жашоомдун бүт токсон беш пайызы — Сеники, ал жерде каалаганыңды жаса. Ал эми калган бешөөнү мен өзүм үчүн сактап койдум», — дешет. Биз өзүбүз каалаган тарапка баргыбыз келет, бизге жаккан нерсени сатып алууну каалайбыз, биз оюбузга келген нерсени жасайбыз, ким менен достошууну кааласак, ошону менен достошобуз. Башка сөз менен айтканда, өзүбүз каалагандай, “өзүбүз хан, өзүбүз бек” болуп жашоону каалайбыз.
Бирок, биз Анын күчүнүн, акылмандуулугунун жана сүйүүсүнүн толуктугуна ээ болууну кааласак, анда, өзүбүзгө эч нерсени сактабай жана калтырбай, өзүбүздү толугу менен ишенип, Ага тапшыруубуз керектигин Кудай айтат.
Мүлкүм
Экинчиден, биз акчага же башка материалдык жыргалдарга таянабыз. Мен аябай бай бир адамды таанычумун. Ал бир жолу тамаша чалып, мага мындай деди: «Эгер менин эсебимде отуз миң доллардан кем акча калса, мен өзүмдү жакыр деп эсептейм».
Ал акчага таянчу. Ал бизнеси менен көп убактысын өткөрүп, үй-бүлөсүнө жана жыйындагы досторуна аз убакыт бөлчү. Бирок ал убактысын жумушка канчалык көп арнаган сайын, туура чечим кабыл алуу ага ошончолук кыйын боло баштады. Анан, тез эле, бир нече ийгиликсиз инвестициялар аны толугу менен жакырдантты. Аялы көп жыл бою анын этибар албай келгендигинин айынан, жалгыздыктан чарчап, кетип калды. Бардыгынан кол жууп, ал кичинекей бир бөлмөлүү үйдө өзү жалгыз калды. Ал бүт күчү менен байлыгын өзүнө кайтарайын деп аракет кылса да, «Теңирим, мен — Сеникимин. Мен Сага таянам. Өмүр бою мен бир гана акчага таянып келгенмин. Эми мен Сага ишенем», — деп акырында айтканга чейин, Кудай ага жол берген жок.
Бул сыноо аркылуу Кудай ага жашоосу үчүн канча керек болсо, ошончо иштеп тапканды үйрөттү. Бирок бул адамдын жашоосундагы андан да чоң керемети болуп, анын эми байлык жөнүндө тынчсызданбагандыгы болуп калды. Эми ал акчага байланбай калды.
Сырткы көрүнүшүм
Көп адамдар өздөрүнүн сырткы келбетине жана алар башкаларга калтыра ала турган жакшы таасирге таянышат. Алардын сырткы келбети аларга бардык жагынан жардам берет деп эсептешет.
Мен өмүр бою сулуу бойдон калууга аракет кылган бир аялды билчүмүн. Ал картайган чагында да абдан жагымдуу көрүнчү. Айланадагыларга жакшы таасир калтыруу — ал үчүн эң маанилүү нерсе болчу.
Бирок жетимиш жашында ал катуу ооруп калды. Оорусу күчөй берди, бир күнү ал сырткы келбети эми аны тынчсыздандырбай калганын түшүндү. Сырткы жагымдуу көрүнүштүн ордуна анын жакын адамдары да мурун байкабаган ички сулуулугу ойгонду. Сырткы көрүнүшү соолуп баратты, ал эми руху асман сулуулугу менен жаркырай баштады. Анын жашоосунда таасир этип жаткан Кудайдын ырайымынын толуктугу жөнүндө бөлүшө алгандыктан, ага каттап келген бардык адамдар үчүн ал шыктануу боло баштады.
Ал аял тынчтанып, жүрөгүндөгү кубаныч менен бул дүйнөдөн кетти. Өлөөрдүн алдында ал мындай деди: «Эми мен тиги дүйнөгө барганга даярмын!» Бул — ишенимдин кереметтүү күбөлөндүрүүсү жана мээнет тартуулар ал үчүн жакшылыкка айланганын мойнуна алуу.
Жетишкендиктерим жана аброюм
Кээ бир адамдар өздөрүнүн жетишкендиктерине жана мурунку сиңирген эмгектерине таянышат. Алар өздөрүнүн аброю жашоонун бардык сферасында жардам берет деп таянышат.
Бир нече жыл мурун өз иштеринде арамзалыгы менен башкаларга белгилүү болгон, абдан менменсинген жана кекирейген адамга жолуктум. Мен ал адамдын башкалар менен сүйлөшкөнүн укканмын, ошондо Кудай менин жүрөгүмө: «Ал үчүн сыйын», — деди. Чынын айтсам, мен бул тууралуу ойлогон да эмесмин — мага ал адам жаккан эмес.
Бир нече убакыттан кийин мен аны менен дагы жолугуп калдым. Бул жолу ал мени бирге түштөнүүгө чакырды. Мен такыр каалаган жокмун, бирок макул болдум. Ал тынч, жумшак мүнөз маектеш болуп чыкты. Мен буга чейин билген адамыма таптакыр окшошпой жатты.
Ал мага өзүнүн окуясын айтып берди. Качандыр-бир убакта ал негиздеген компаниядагы ишинен аны бошотуп жиберишиптир. Анын кайгысынын чөйчөгү ашыгы менен толуптур. Бирок ошол эле учурда ал Кудайга кайрылып, өзүнүн алсыздыгын мойнуна алып, баарын Кудайга тапшырыптыр. Анын мурдагыдай эле жумушу жок учуру эле, бирок анын мүнөзү толугу менен өзгөрүлгөн. Бул жолугушуудан кийин эле мен анын эки шериги менен жаңы компанияны негиздегенин уктум. Бул жолу ал баарын Кудайдын сүйүүсүнүн рухунда жасап, өзү менен иштегендерге сыйлоо менен мамиле жасай баштады.
Биз өзүбүздүн атагыбызга, жетишкендиктерибизге таянган ар бир учурда өзүбүздү коркунучка кабылууга алып келебиз. Өзүбүздүн азыркы учурубузду жана келечегибизди Кудуреттүүгө тапшыруунун ордуна, биз мурунку сиңирген эмгектерибизге таянабыз.
ТӨРТҮНЧҮ ТОСКООЛДУК: ӨЗ ЖАШООСУН КОНТРОЛДООНУ САКТОО КААЛООСУ
Өмүрүңүздүн кайсы сферасын Кудайдан жашырууга аракет кылып жатасыз? Эмненин үстүнөн башкарууну сактоого аракет кылып жатасыз? Өз жаныңыздын кайсы бөлүгүнө Кудайды эч чакырбайт элеңиз?
Менин кээ бир тааныштарым ушундай сфералары тууралуу Кудайга айтып, алардын үстүнөн контролдоону Кудайга бере албай жатканын да моюндарына алышат, бирок андан нары барышпайт. Алар: «Эч ким жеткилең эмес го» — деп, өздөрүн акташат. Ошондой эле алар минтип ой жүгүртүшөт: көп жылдар бою мен муну жеңип өтө албай жаткан болсом, демек, Теңир мени ушинтип жараткан. Бирок, чындыгында алар өз жашоолорунун ушул бөлүгүн Кудайдын башкаруусуна берүүнү каалашпайт.
Мен көп жыл бою күнүнө эки куту тамеки тарткан адамды билем. Ал чылым чегүү анын ден-соолугуна зыян келтире тургандыгы менен макул болчу. Бирок мен ага сыйынууну жана бул терс адатты калтырууга Кудай анын эркин бекемдешин суранууну сунуш кылганымда, ал башын чайкап: «Жок! Билесиңби, мен Кудайдын муну менен иши жок деп ойлойм. Таштаймынбы же жокпу — муну мен чечүүм керек», — деди. Бул адамга өпкөнүн эмфиземасы деп аталган натыйжасы жубанарлык эмес диагноз коюшканда гана ал мени чакырып, ал үчүн сыйынуумду суранды.
Көп убакыттан бери балалуу болууга аракет кылып жүргөн дагы бир аялды билем. Анын жолдошу тукумсуздук менен ооругандар үчүн болгон эң белгилүү ооруканаларга жана адистерге миңдеген долларларды сарп кылды. Бир жолу мен Кудайдын эрки кандай экендигин Андан сурадыңарбы деп, аларга кайрылдым. Ал аял күлүп жиберди да: «Бул нерсе жөнүндө Кудай менен сүйлөшүүдөн корком. А кокусунан Ал биздин балалуу болушубузду каалабай турганы белгилүү болсочу», — деди.
Биздин ар бирибизде бүт күчүбүз менен өзүбүз башкарууга аракет кылган ушундай жашыруун сфераларыбыз бар. Бирок дал ошол жакка Кудай кирүүгө аракет кылат. Биз кылдаттык менен күзөтүп жаткан нерсебиз — биз Ага толугу менен арналуубуз үчүн Кудай назарын салып, эмгектенип жаткан нерсенин дал өзү. Анын каалоосу жана максаты — биз бүт бойдон жана толугу менен Андан көз каранды болуубуз. Аны толугу менен болгон көз карандылык гана канааттандырат.
Мен өлкөнүн батыш тарабына барганды жана анын кең жайларында саякаттаганды жакшы көрөм. Салкын түндө чатырда уктоо, жаратылышты жана мергенчиликти сүрөткө тартуу мага жагат. Мен биздин тоолордун жана өрөөндөрдүн сымбаттуу кооздугун жакшы көрөм. Көбүнесе, саякатка чыгаарда, мен ат алам. Кээде жоош ат туш келет. Ал андан эмне талап кылганын билип, ооздуктун кичине эле кыймылына тил алат. Мындай ат заматта баш ийет, каалаганыңыздай кылыш үчүн ага бир сөз эле жетиштүү болот.
Бирок мага кээде абдан кежир ат менен жүрүүгө да туура келген! Мен ооздукту тартып, булкусам да, үзөнгүнү тепсем да, ага кыйкырсам да, эч нерсе кыла алган жокмун. Мындай аттар үйрөтүлгөн аттар болушат, бирок, менимче, жакшы үйрөтүлбөгөн болсо керек. Мындай аттардын айынан мен кыйын абалдарга туш болгонмун. Алар дөңсөөдөн зымырап жүрүшөт, бирок, тар жол менен жүргүлөрү келбейт. Ишенип койгула, бул учурда жоош, жакшы үйрөтүлгөн атка ээ болгуң келип кетет.
Үйрөтүү учурунда эмне болот? Кең таралган пикирге каршы, эч ким атты алдан тайдырып, сындырып же ага кордук көрсөткүсү келбейт. Жакшы машыктырылган ат күчтүү, энергиялуу, зээндүү жана акылдуу бойдон калат. Аны эркине койсо, ал ырахаттанып, текирек-таскактап, чуркайт. Мындай үйрөтүлгөн аттар бир гана нерсени — өзүнүн көз карандысыздыгын жоготот жана кандай учур болбосун, минип бараткан кишини угат.
Кудайдын баласы ушундай эле процессти башынан өткөрүп жатканда, Кудай анын рухун сындыргысы келбейт. Биз Машайакка келгенде, жашоого болгон кызыгуубузду жоготпойбуз. Биз өзүбүздүн жеке өзгөчөлүгүбүздү да жоготпойбуз. Биз бир гана көз карандысыздыгыбыздан айрылабыз. Теңир жана Куткаруучу деп Кимди атасак, Ошого тил алчаак болушубуз үчүн, биздин эркибиз Асмандагы Атабыздын эркине баш ийүүсү керек.
Биз албетте, өз айтканыбыздан кайтпай койсок да болот. Кудай бизди эркиндигибизден Машайакты Куткаруучу катары кабыл алганга чейин да, кийин да ажыратпайт. Биз Кудайдын эмне айтканына жана каякты көздөй жетектеп жатканына көңүл бурбай, «өз дегенибизге тырышып туруп алышыбыз да» мүмкүн. Бирок биз өз эркибиз менен, Кудайдын ой-пикиринен көз карандысыз иш жасаганда, жаман үйрөтүлгөн атка окшоп коркунучка дуушар болобуз. Кудай биздин күнөөдө жана жамандыкта өз билгенин кылуучулуктун айынан адашууларыбыздын терс жыйынтыктарына кабыл болушубузду каалабайт.
Талкаланып-кыйналгандык — бул биздин эркибиз толугу менен Анын эркине баш ийген, биз Анын буйругун угуп, бирок Аны менен талашпаган, актанууга аракет жасабай, Анын сөзүн экчеп-талдабастан, бирок Ыйык Рухтун үнү кайда жетелесе, жөн гана ошол жакка барган абал. Мындай тил алчаактыктын жыйынтыгы — азыр эле эмес, келечекте да боло турган Кудайдын батасы.
БЕШИНЧИ ТОСКООЛДУК: БИЗДИН «МЕН»
Кудай биздин өмүрүбүзгө кыйналып-талкалануу, азап чегүү мезгилине жол берген учурда, Ал биздин өзүмчүлдүгүбүздү жана өзүбүздү сүйүүчүлүгүбүздү, өзүбүзгө таянганыбызды жана өзүбүздү жетиштүү деп эсептегенибизди, б.а. биздин «мен» дегендин белгилерин жана көз карандысыздыкка умтулууларыбызды башкарууга аракет кылат.
Кимдир бирөө үчүн «мен» социалдык статус менен — бийлик, коомдогу абал, таасир берүү менен байланыштырылат.
Бирөөлөр үчүн «мен» акыл жөндөмдүүлүгүнөн жана досторго ээ болууга жардам бере турган, айланага таасирин тийгизе турган мүнөздүн өзгөчөлүктөрүнөн ажыраткыс нерсе.
Башкалар үчүн «мен» дайыма сырткы келбет же ден-соолук менен — сулуулук, дененин формасы, энергиялуулук менен байланыштуу.
Ал эми дагы башкалар үчүн «мен» материалдык жетишкендиктен, беделдүү, кадыр-барктуу жашоо орундарынан ажыратылгыс нерсе.
Биз канчалык деңгээлде Кудайга ишенип, өз жашообузду Ага канчалык багындырып жатканыбызды өзүбүз жөнүндө элестеткенибиз бизге ачып көрсөтөт.
Өзүңүздөн сурап көрүңүз: «Кайсы убакта мен өзүмө жагам? Ал эми качан өзүм үчүн жийиркеничтүүмүн?»
Эгер чачыңыздын жакшы боелбой калышы, жумуштагы чечилбеген маселелер же баалуу буюмуңузду жоготуп алуу сизди сенек кылып, алсыратып койгон болсо…
Эгер сиз өз жубайыңыздан сөзсүз түрдө жылуу сөздөрдү угуум керек деп сезип жатсаңыз, эгер өзүңүздү баалуулугуңузду сезүү үчүн финансылык көз карандысыздыкка умтулуп жатсаңыз…
Эгер сиз кандайдыр-бир социалдык деңгээлге жетмейинче, кандайдыр-бир жеңилдикке жана артыкчылыкка ээ болмоюнча, же өз жетишкендиктериңиз үчүн башкалардын урматтоосуна ээ болмоюнча, өзүңүздү «эч ким» эмесмин деп сезип жатсаңыз… анда, сиз Кудай менен болгон өз мамилеңизди кайрадан карап чыгууңуз керек. Кудай биздин өзүбүз жөнүндөгү ойлорубуз таптакыр жана толугу менен Анын сүйүүсүнө жана Анын түшүнүгү боюнча эмне баалуу жана сыйлоого арзырлык экендигине негизделүүсүн каалайт.
Биз Кудайга караганда таянган нерселерибизге канчалык көбүрөөк умтулуп жатсак, талкалануу мезгили ошончолук оор болот. Кээ бир убакта Кудай Ага эмес, башка биз таянган нерселерибизди биздин ичибизден бурап, сууруп чыгууга аракет кылып жаткандай болот. Жана бул процесс катуу азап менен өтүшү мүмкүн. Кайгы, кыйынчылык жана азаптар эч качан болуп көрбөгөндөй ачуу сезилет.
Жашообуздун кандайдыр-бир сфераларында Кудай бизди кыйратып-талкалап баштаганда, биздин адаттагы реакциябыз — ошол нерсеге андан бетер тырмышып, аны дагы бекемирээк кармап алуу. Кадыресе, Кудайга эмнебизди берүү керектигин биз билебиз. Кудай бизди кез-кезде кандайча кыйратып-талкалап жаткандыгы тууралуу көп адамдар менен сүйлөшүүлөрүмдө мен көп ирет алардан мындай сөздөрдү уктум: «Менин иштерим Кудайдын эркине жакпай турганын билсем да, баары бир өзүм каалагандай жашаганмын». Бул сезимди астыртан туюу сезими болушу мүмкүн, кайсы бир деңгээлде акылдан тышкары болушу мүмкүн, бирок кандай гана абал болбосун, адамдар Кудайды өз жашоосунун кандайдыр-бир бөлүгүнө киргизбей жатканын билишет.
Эмне үчүн биз мындай кылабыз? Анткени өз жашообуздун бардык сфераларын өзүбүз башкаргыбыз келет. Бул текебердиктин эң эле айкын көрүнүп турган формасы.
Биз Кудайдын Өзүнүн ушунчалык зор сүйүүсүнө карабай, бизге жардам бербей коет деп, биздин суранычтарыбызга жооп бербей, бизге канааттануу сезимин бербей коет деп коркобуз. Биз жашообузга бирдеме жетишпей кала тургансып, жакшы бир нерседен кур кала тургансып, эсибизде кала турган эч нерсе болбой кала тургансып, кооптонобуз.
Чынчылдык менен: «Мени Кудай канчалык сүйөт?» — деп, өзүңүздөн сурап көрүңүзчү.
Бир жолу ушул суроону мен бир тааныш аялга бердим. Анын жолдошу узак убакыт ооруп, андан кийин каза болгон эле жана ал аял Кудайга абдан ачууланып калган. Акырында ал үн чыгарып:
— Кудай мени Ага эң муктаж болгон учурумда таштап койду, — деди.
Мен аны Кудай бизди эч качан таштабай тургандыгына ынандырдым. Ал дайыма биз менен. Анын маселеси — анын жашоосунун кыйын учурунда Кудайдын таштап койгондугунда эмес, ал өз кайгысы менен Кудайга эмес, адамдарга баргандыгында экенин билчүмүн. Кудай аны таштаган жок, ал Кудайды таштап койду. Бирок мен муну анын бетине айта алган жокмун — ал менин сөздөрүмдү кабыл ала алмак эмес. Мен андан жөн гана сурадым:
— Кудай сизди канчалык катуу сүйөт деп ойлойсуз?
Ал оор үшкүрүнүп:
— Кудай мени таптакыр сүйбөйт деп ойлойм, — деди.
Эгер мындай нерсе мүмкүн болгон болсо, анда ал жер жүзүндөгү Кудай сүйбөгөн жалгыз адам болмоктугун айтып, мен ага жооп узаттым.
Бул сөздөр аны таң калтырды, мен болсо сөзүмдү уладым:
— Жакандын биринчи катында, төртүнчү бөлүмдө, сегизинчи аятта, Кудай-сүйүү экендиги айтылат. Сүйүү — Кудайдын эң негизги касиети. Кудайдын башка сапаттарындай эле, бул да жеткилең. Кудайдын табияты өзгөрүлбөйт. Эгер Кудай бир адамды сүйсө, анда Ал бардык адамдарды сүйөт.
— Анда эмне болду? — деп сурады ал. — Эмне үчүн Кудай менин күйөөмдүн оорудан ушунча азап чегип, өлүүсүнө жол берди? Кантип Кудай мени сүйүп, буга жол берет?
— Мен билбейм, — деп жооп бердим мен. — Мен Кудай эмне үчүн мындай кылганын билбейм. Бирок мен Ал эч качан сизди жана сиздин каза болгон жолдошуңузду сүйгөнүн токтотпогондугун билем. Менин оюмча, сиз азыр Кудайга келечекте сизге жардам бербейт деп корккондуктан, ачууланып жатасыз.
Ал унчукпастан, башын ийкеп койду, жана анын көзүнө жаш толуп калды. Мен сөзүмдү уланттым:
— Мен сизди Кудай дайыма сиздин жаныңызда боло турганына ишендиргим келет. Мен келечекте сиз үчүн Теңир кандай план түзүп койгондугун билбейм, бирок мен Ал Ага толугу менен ишенүүңүздү күтө турганына бекем ишенем. Ал сиздин өмүрүңүздүн ар бир күнүндө Ага таянууңузду каалайт.
Эгер бизди Кудай сүйбөгөндөй же сүйсө да, жетиштүү эместей сезилип жатса, анда биз Ага толугу менен ишенбейбиз. Толук ишеним маселеси — бул чынын айтканда, сүйүү маселеси. Өзүңүздөн сураңызчы:
• Мага жакшылык алып келе турган нерседен Кудай мени ажыратабы?
• Кудай менин Өзү каалагандай болушума жардам бере турган нерсени Ал менден алып салабы?
• Мен үчүн рухий бата боло турган нерсени Кудай менден алып коебу?
• Мени үйрөтүп, бекемдеп жана шыктандырып жаткан нерседен Кудай мени ажыратып коебу?
• Мага канааттануу, тынчтык жана кубаныч сезимдерин алып келген нерсени Кудай менден жашырып коебу?
• Ичимдеги бүт потенциалды ачууга жардам берип жаткан нерсени Кудай менден алып коебу?
ЖОК!
Кудай Өз балдарыныкын уурдабайт. Ал Аны сүйгөндөрдү өлтүрбөйт. Ал Өз балдары менен бирде аларга берип, бирде кайра тартып алып, ойнобойт. Жакан жазган Жакшы Кабарда (10:10) Ыйса мындай деп айткан: «Ууру уурдоо, өлтүрүү жана жок кылуу үчүн гана келет. Мен адамдардын өмүргө, ашып-ташыган өмүргө ээ болуусу үчүн келдим».
Бардык мезгилде, бардык шартта, эң жакшы болуу каалоосу пайда боло турган жерге жана Ал бизден эмне кааласа, ошого жетише ала турган жакты көздөй багыттоо менен, бу же тиги жол менен, Кудай биздин жашообузда иштейт. Ал ушунчалык таасир эткендиктен, биздин жүрөгүбүздө Анын каалоолору, Кудайдыкына ээ болуу каалоосу пайда болот. Ал биздин рухубузда иштегендиктен, Анын эркин таанып эле тим болбостон, аны аткарууга умтулуп баштайбыз. Ар бир учурда, биздин ичибизде жок кыла турган нерсени тапкан сайын, Теңир иштейт. Биз Анын ниет кылганындай болуп калышыбыз үчүн Ал иштейт.
АЛТЫНЧЫ ТОСКООЛДУК: БИЗДИН ЖООБУБУЗ
Талкалануу-кыйроо бизди эмнеге алып бара турганын биз өзүбүз чечебиз. Азап чегүүгө биз каар менен, кайгы менен жана жек көрүү менен жооп берүүбүз мүмкүн. Абалга шылтап коюу мүмкүн. Биздин оорубуз үчүн айыптуу деп эсептеген бардык адамдарга ачууланышыбыз мүмкүн. Чындыгында, көптөрү ушул жол менен жүрүшөт, анткени биздин ар бирибизде тандоо эркиндиги бар.
Ошондой болсо да, батага болгон жол Кудайга кайрылууда жатат. Бир гана Ал бизди айыктыра алат жана кайрадан жарата алат. Ага толук баш ийүүнү жана толук ишенүүнү каалайбызбы же жокпу, муну биз гана чече алабыз.
Кыйроо абалынан Кудай бизди айыгууну көздөй жетелейт. Биз айыкканыбызда, билимдүү инсан болуп, жемиш алып келе алабыз. Ал эми биз жемиш алып келе баштаганыбызда, канааттануу, тынчтык жана кубаныч сезимдерин башыбыздан өткөрөбүз.
Айыгуу үчүн Ыйсага келгендерге Ал: «…Тынчтык менен бара бер. Ооруңдан айык», — деген (Мк. 5:34 кара). Бирөө айткандай, биз «толугу менен жана бүт бойдон» Кудайга ишенүүбүз керек. Биз Ага ишенип, таянсак, Ал бизди айыктырат.
5-бөлүм. АЙЫГУУ ДЕГЕН ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?
Адамдар ден-соолук жөнүндө сүйлөшкөндө, дайыма дененин сактыгы жөнүндө айтышат, алардын бардык сүйлөшүүлөрү оорунун, денелик жараат алуунун же өлүмдүн айланасында жүрөт. Бирок чыныгы ден-соолук дегенди дененин, жандын жана рухтун гармониясы десе болот. Ден-соолугу чың, кебелбес адамдын жашоосунун бардык сферасы жана бардык тарабы бири-бири менен турмушка ийгиликтүү көз караш менен караган жагымдуу аккорддо бириккен.
Кудай бизди талкаланууга учуратканда, Ал муну бир эле максат менен — мурункуга караганда эң мыкты болуубуз үчүн, бүтүн инсан болуубуз үчүн, Өзүнүн жоголгон бейнесин жана окшоштугун биздин ичибизде калыбына келтирүү үчүн жасайт.
Элчи Пабыл Тессалоникадагы машайакчылар үчүн сыйынуу менен, бул жөнүндө мындай деген: «Тынчтыктын булагы болгон Кудай Өзү силерди толугу менен ыйык кылсын. Рухуңар, жаныңар жана денеңер Теңирибиз Ыйса Машайак келгенге чейин эч кемчиликсиз, толук сакталсын» (1 Тес. 5:23).
Кудайдын биздин бүтүн жана жеткилең болуубузду каалай турганын билип, Ага дайыма ишене алабыз.
АЙЫГУУ БИЗДИН БҮТКҮЛ ТАБИЯТЫБЫЗДЫ КОЗГОЙТ
Мен силер менен бүтүндүк деген түшүнүк менен байланышкан негизги принциптер тууралуу сүйлөшкүм келет. Баарынан мурда биз ар бир адам үч субстанциядан — рух, жан жана денеден тураарын түшүнүүбүз керек.
Дене — анын жардамы менен биз курчаган чөйрө менен байланышып турабыз. Биздин беш сезимибиз бар — биз угабыз жана көрөбүз, жыт билебиз жана тери менен сезебиз, биз даамды сезебиз. Материалдык дүйнө менен бизди байланышууга мүмкүнчүлүк түзүп берген дене кабыгында жашап жатабыз.
Биздин жаныбыз бар — акыл, эрк, сезим, эс-оюбуз жана абийир. Биз жаныбызды көрө албайбыз, бирок ар бирибиз анын бар экендигин билебиз. Жан бизге башка адамдар менен мамилелешүүгө мүмкүндүк берет. Биз өзүбүздү башкалар менен мамилелешкенде тааный баштайбыз. Жан сүрүүнүн ушул деңгээлинде биз бирөө менен тамашалаша алабыз, бирөөнү сүйүп, кимдир-бирөөдөн сүйүү кабыл алабыз, бирөөгө көз артып, бирөөгө капа болобуз же одоно мамиле жасайбыз. Бул дүйнөдө өзүбүздү кантип алып жүрүүнү жана айланадагы адамдар менен кантип мамиле жасоону эркибиз жана акылыбыз менен тандайбыз.
Бизде, мындан сырткары, биздин ички «менибиз» — рухубуз да бар. Рухубуз менен биз кудуреттүү Кудай менен мамилелеше алабыз.
Адам менен Обо Эйден багында жашаган мезгилде алардын денеси, жаны жана руху жеткилең болгон. Кудай аларды материалдык дүйнөнүн үстүнөн бийлик кылсын деп койгон, алар бири-бири менен жана Кудай менен жеткилең гармонияда жашашкан.
Кудай Эйден багындагы жалгыз бир гана даракты өзгөчө белгилеп койгон: «…бирок жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарактын жемишинен жебе, анткени андан даам таткан күнү өлүп каласың» (Башт. 2:17).
Бирок алар ал дарактан жешти. Жана өлүштү. Анда, тил албастык учурунда, эмне өлдү? Денелери өлдүбү? Жок, анткени күнөөгө баткандан кийин экөө бир нече жүздөгөн жыл жашашты. Мүмкүн Адам менен Обонун жаны өлгөндүр? Андай да эмес, себеби алар бири-бири менен жана балдары менен мамилелешүүнү улантышкан. Күнөөгө баткан учурда Адам менен Обо Кудай менен мамилелешүү жөндөмдүүлүгүнөн ажырап калышты. Элчи Пабыл мындай деп жазат: «Кылмыштарыңардын жана күнөөлөрүңөрдүн айынан өлгөн силер бир кезде бул дүйнөнүн адаты боюнча, абада бийлик кылып жаткан төрөнүн жана Кудайга баш ийбеген адамдарда азыркы учурда аракеттенип жаткан рухтун каалоосу боюнча жашачусуңар…» (Эф. 2:1–2).
Биздин күнөөкөр абалыбыз — бул рухий өлүмдүн абалы. Рухий өлүк адам денелик жактан эң жакшы көрсөткүчтөргө ээ болушу мүмкүн, ал тургай анын жаны жана денеси ийгиликтүү өнүгүүсү мүмкүн. Бирок адам Кудай менен мамилесин Ыйса Машайак аркылуу калыбына келтирмейинче, ал өлүк бойдон калат. Ыйса Машайакка ишенгендер гана бүтүн инсан болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Машайак биздин рухубузду тирилтмейинче, ал жаны жана денеси менен гармонияда боло албайт эмеспи. Биздин материалдык дүйнө менен туура мамилебизди аныктаган сак-саламат денебиз жана башка адамдар менен мамилелешүүгө мүмкүндүк берген кайрымдуу жаныбыз гана болсо, биз бүтүн инсан боло албайбыз. Бүтүн инсан болуу үчүн биз таза рухка жана Кудай менен туура мамилеге ээ болуубуз керек.
Ыйык Китепте биз Ыйса Машайакты Куткаруучу катары кабыл алганыбызда, биздин ичибизде жашоо үчүн Ыйык Рух келе тургандыгы айтылат. Ал биздин рухубузду Кудайдын Руху менен бириктирет. Биздин рухубуз жашоого кайрадан жаралат, анткени Кудай — өмүр! Ыйык Рух биздин ичибизде жашап баштаганда, биз Кудайды сезип, Аны түшүнүп жана Аны менен мамилелешип баштайбыз. Бул мамилелер бизге Кудай менен сүйлөшүүгө жана Анын бизге айтканын угууга мүмкүндүк берет. Биз Кудайдын Сөзү тууралуу жаңы түшүнүккө ээ болобуз жана Ыйык Рухтун жетегине ээ болобуз. Ошондой эле биз күнөөгө жаңыча мамиле кылабыз жана Ыйык Рухтун алдын-ала эскертүү берген үнүн мыкты уга алабыз. Биздин рухубуз кайрадан жаралат, бизде жаңы руханий жашоо башталат!
Бирок бир маселе бар. Ишенбеген дүйнө Кудай менен руханий жашоо жөнүндө эч нерсени билбейт. Адамдар диний ырым-жырымдарга катышып же жашоонун метафизикалык аспектиси жөнүндө талкуулаганда, өздөрүн рухий жашоодо жашап жаткандай сезишет. Бирок бул рухий сапат Кудайдан эмес. Ыйык Рух тарабынан берилбеген ар кандай рухий сапат — ал жалган, жиндерден келген рухий сапат. Ошондой болсо да, көбүнесе, дүйнө рухий нерсе жөнүндө кам көрбөйт. Дүйнөлүк философия жөнөкөй: «Кооз болсо — ээ бол! Ыңгайлуу болсо — колдон! Даамдуу болсо — ашыгы менен той! Жыттуу болсо — ыракаттан! Жагымдуу угулса — күнү-түнү ук!» Дүйнө ушундай сезимдер жана талаптар менен жашайт.
Ар бир адамдын муктаждыктары бар. Бизде сулуулукка, кооздукка болгон муктаждык бар. Баарына кооз нерсе жагат — биз сулуулукка суктанабыз жана өзүбүз сулуу болгубуз келет. Бизде тамак-ашка, секске болгон инстинктивдик муктаждык бар. Биз жаныбызды да унутпайбыз — бир нерсени үйрөнгүбүз келет, сүйүүнү жана сүйүктүү болууну каалайбыз. Биз көз карандысыздыкка, эркин кыймылдоого жана өзүбүздү көрсөтүүгө умтулабыз. Бирок адамдын Кудай менен болгон мамилеси жок болсо, бардык каалоолору жана талаптары анын өзүнүн жеке айланасында гана тегеренип турат. Алар тез эле Ыйык Китеп атагандай, дененин «кумардуу каалоолоруна» — дене жана жан үчүн жакшы көрүнгөн бардык нерсеге ач көздүк менен умтулуп, тартылууга айланат. Биздин каалоолорубуз көзөмөлдөн чыгып, биз азыр коомдо — саясатта, бизнесте, үй-бүлөдө көрүп жаткан көп көйгөйлөрдүн себеби болуп калат.
Ыйык Рух ичинде жашаган ишенүүчү адамда болсо, жаңы «башкаруу жана көзөмөлдөө системасы» пайда болот. Анын бардык кумардуу каалоолору жана аракеттери, анын бардык жанынын умтулуулары Ыйык Рух тарабынан көзөмөлдөнүп баштайт. Ошентип, рух жандын үстүнөн, ал эми жан дененин үстүнөн башкарган Кудайдын тартиби калыбына келет. Адамда ушундай нерсе болгон кезде, ал айыгат, башкача айтканда, бүтүн инсан болуп, калыбына келет.
Демек, Кудайга моюн сунбастык, мындай кудайлык тартипти бузган жана биздин айыгуубузга тоскоол болгон Ага каршы козголоң — бул рухтун козголоңчулдугу. Бүтүндүктү көздөй тарткан биздин жолубуздагы бардык тоскоолдуктар — бул рухий мүнөздөгү тоскоолдуктар. Алардын арасынан төмөнкүлөрдү белгилөөгө болот:
• ишенимдин аздыгы
• текебердик
• ач көздүк
• ачуу
• жек көрүү
• каар
• коркунуч
Кудай бизди айыктыруусу үчүн, биздин бүтүн болушубузга тоскоол болуп жаткан жашообуздагы сфераларда бир нерсе кылуубуз керек. Мына так ошолор бизди Кудайдын батасынын молчулугунан бөлүп жатат.
АЙЫГУУ АЛГАЧ РУХИЙ ДЕҢГЭЭЛДЕ ЖҮРӨТ
Көп адамдардын кыйынчылыгы — алар ар кандай жашоо абалдарындагы рухий принциптин таасирлерин көрө алышпайт. Алар жогорудан төрөлүшкөн болсо да, өз адаттарынын күчү менен, кээде мурунку түзгөн жолдоруна ылайык эрктин күчүн колдонуу менен жашоону улантып жатышат. Алар үстүдө турган нерсени гана көрө алышат жана жашоону да үстүртөн кабыл алышат.
Биз жашоого Кудайдын көз карашы менен карап баштаганда, анын ичинде рухий касиеттеги көптөгөн суу астындагы агымдар бар экендигин байкайбыз. Биздин каалоолорубузга жана сезимдерибизге рух аркылуу жол көрсөтүлөт, жаныбызда өзгөрүлүп, дененин катышуусунда ишке ашырылат жана көрсөтүлөт. Биздин эмне сүйлөгөнүбүздүн жана жасаганыбыздын, ким менен жана эмне үчүн жолукканыбыздын бардыгынын рухий тарабы бар. Чындыгында, денелик, акыл же сезим сфераларында эмне гана болбосун, ал жерде дайыма рухий нерсе катышат.
Бизге сыноо келген кезде, биз адаттагыдай үстүндө жаткан нерсени гана көрөбүз. Бизде жана биздин мамилелерибизде болгон нерсени сүрөттөө үчүн ар кандай сөздү колдонобуз:
• Биз ден-соолугу начарлады деп, адам арыктап кеткенде же анда олуттуу нервдик бузулуу пайда болгондо гана айтабыз.
• Алардын биримдиги кыйраптыр деп, мамилелери үзүлсө гана айтабыз.
• Талкаландык деп, каражат чыгымына учурасак гана айтабыз.
Биз көп учурда кыйынчылыкты башыбыздан кечирип жатып, талкалануу жөнүндөгү түшүнүгүбүздү жашообуздун материалдык же эмоционалдык сфералары менен гана чектейбиз.
Бирок кыйроо мезгилинде негизги суроолор болуп төмөнкүлөр саналат:
• Менин руханий жашоомдо эмне болуп жатат?
• Кудай менин Аны менен болгон мамилемде эмне кылгысы келет?
• Мен үчүн кыйын болгон, бул убакта мени кайрадан жаратуу, жаңылантуу жана кайрадан жасоо үчүн жана менин Аны менен болгон мамилеме жаңы форма берүү үчүн Кудай кантип иштейт?
• Мени айыктыруу үчүн Кудай бул абалда эмне кылат?
Бул суроолор бизди Кудайды көздөй бурат. Эң негизиси — бул биздин Аны менен болгон мамилелешүүдөгү толук ишенимибиз, анткени ушундай мамиле болгондо гана Ал биздин рухубузду бекемдеп, бардык шартта Ага тил алчаак болуубузга жардам берүү менен, бизди гармониялуу бүтүн инсан катары колдоно алат.
Кудайдын максаты — бул акыр аягында, дайыма рухий жеткилеңдик. Сырткы шарттар өзгөрүшү мүмкүн. Алар дайыма Кудай белгилеген убакта өзгөрүлөт. Кыйроо абалында болгонубузда, биз дайыма Анын каалоосуна гана макул болуу менен эмес, Анын белгилеген убактысы менен да макул болуп, Ага баш ийүүбүз керек. Айыгуу биз каалагандай бат жана жеңил түрдө болбошу мүмкүн. Бирок ал күтүүгө татырлык нерсе!
АЙЫГУУ УБАКЫТТЫ ТАЛАП КЫЛАТ
Элчи Пабыл корунттуктарга минтип жазган: «Ошондуктан биз көңүлүбүздү чөгөрбөйбүз. Сырткы адам карып бара жатса да, ички адам күндөн-күнгө жаңыланууда. Башыбыздан өткөрүп жаткан убактылуу, анча оор эмес кыйынчылыктарыбыз түбөлүктүү даңкты эбегейсиз көп жаратат. Анткени биз көрүнгөн нерсеге эмес, көрүнбөгөн нерсеге назар салабыз. Көрүнгөн нерсе убактылуу, көрүнбөгөн нерсе түбөлүктүү» (2 Кор. 4:16–18).
Сыноо өрөөнүнөн өтүп жатканыбызда биз абдан этият болуубуз керек, Теңирдин жолдорун жана Анын бизге жардам бере турган убактысын алдын ала билүүүгө аракет кылбашыбыз керек. Кудай бара-бара Өзүнүн ойлогонун бизге ачып берет. Кудай Өзүнүн каалоосун бир учурда толугу менен ачып берген убагы өтө эле аз. Ошондуктан биз Кудайга толук ишенүүгө жана ар бир күнү ишеним менен жашоого чакырылганбыз.
Кээде биз убактыбызды курулай күтүү менен өткөрүп жаткандай сезилиши мүмкүн. Бирок биз тереңирээк карай турган болсок, Кудай биздин ар бирибиздин ичибизде жумуштарын аткарып жатканын, жана биз чындыгында өсүп, күндөн күнгө бекемделип жатканыбызды байкайбыз.
Мен адамдардын айыкпас дарт менен күрөшүүлөрүнө көп жолу күбө болдум. Алар деги эле сабырлары кетип, таптакыр үмүттөрү үзүлгөн. Бирок алар Кудайга кайрылышканда жана өз өмүрлөрүн толугу менен Ага баш ийдиришкенде, алардын денесинде болуп жаткан нерсенин бүт баарын жаап койгон ички сулуулук жана руханий күч көрүнгөн. Кээде ал адамдар денелик жактан да айыгып кетишкен. Кээде — андай болгон жок. Бирок түбөлүктүүлүктүн позициясы менен караганда бир кыйла маанилүү нерсе болуп өткөн — алар руханий айыгышкан. Кудай биздин баа жеткис жана түбөлүктүү рухубузда иштеген учурда, Ал аны бекемдейт, өстүрөт, аны жеткилең кылат, бир сөз менен айтканда, айыктырат.
Ошондой эле биздин азап чеккен күндөрүбүз канчалык узакка созулса да, чынында, алар тез эле өтүп кетет. Эгер биз кыйрап-талкаланган жана алсыз абалда бир нече жыл болсок дагы, түбөлүктүүлүк менен салыштырганда, бул эч нерсеге турбайт. Эч кандай математикалык өлчөм менен убакыттын бир үзүгүн түбөлүктүүлүк менен теңештирүүгө мүмкүн эмес. Биз акылмандык менен ой жүгүртүүбүз керек: биздин сырткы абалыбыз өзөгөрө турган күн келет. Биздин ичибизде, рухтун сферасында болуп жаткан нерсе гана өзгөрүлбөйт жана түбөлүк болот.
Элчи Пабыл Корунттагы ишенүүчүлөрдү көзгө көрүнбөгөн нерсени кароого чакырган. Бул кеңеш үмүтүбүз үзүлүп, азап чегип турган убагыбызда бизге да тийиштүү болот. Абал шумдуктуудай болушу мүмкүн, бирок биз Кудайга өз өмүрүбүздү баш ийдирсек, Ал аларды керемет нерсеге айландырат. Кудай Өз жумушун көрүнбөгөн — рухий нерседен баштоо менен бизди бүтүн кылат. Ал бардык жерде: биринчи кезекте — рухту, экинчи — жанды, андан кийин гана — денени тийиштүү тартипке келтирет.
Бир нече жыл мурун аябай катуу чарчагандыктан, нерв жактан жабыркап, начар абалга жеттим. Менин дарыгерим мага эки-үч жума эмес, бир нече айга созулган эс алууну сунуш кылды. Жыйындагы бир туугандар мени бошотууга макул болушту, мен кичинекей аралга эс алууга кеттим, ал жерде эч нерсе кылбастан, жээкте сейилдеп, ойлонуп, сыйынып жүрдүм. Бирок, мындай эс алуу мен үчүн чыдагыс болуп кетти! Мен ден-соолугума үйгө кайтып, менин үйүмдүн чатырын оңдоп жаткан усталарга жардам берүүм пайдалуураак деп эсептедим.
Аралда өткөргөн убакытта мен бир гана эс алып, күчтөнүп эле эмес, өз жашоомо жана кызматыма жаңыча карай баштадым. Мен бир нече орчундуу суроолорго жооп берүүм керек эле. Жыйындын жетекчилиги менен эмне кылуу керек? Бийликти жыйындык кеңешке өткөрүп берип, Кудайдын алар аркылуу иштөөсүнө жол берүү керекпи же өзүм жалгыз чечим чыгарууну улантуу керекпи? Эс алуу күнү тууралуу олуттуу түрдө ойлонуум керекпи же жумасына жети күн иштөөнү уланта беришим керекпи? Бир азга токтогонду үйрөнүп, жумуштан эс алуу керекпи же жумушка башым менен сайылып, иштөөм керекпи?
Бирок эң башкы маселе — толук ишеним суроосу эле. Кимге мен толук ишенгим келип жатат — өзүмөбү же Кудайгабы?
Мен биринчи жолу эс алууга чыккандан кийин, алты ай өттү. Мен кезектеги жекшембилик чогулушта кафедрага чыгып: «Мына, кайрылып да келдим окшойт», — деп ойлодум. Мен күчкө толуп турам, ойлорум так жана эң маанилүүсү — менин Кудай менен болгон мамилем тереңирээк жана байыраак болуп калды.
Менин жашоомдо дээрлик эч нерсе өзгөргөн жок. Мен мурдагыдай эле чарчап, эс алууга муктаж экенимди сезчүмүн. Мурункудай эле бардыгын өз мойнума жүктөп, баарын батыраак бүтүрүүгө аракет кылчумун. Бирок мен түбөлүккө өздөштүргөн негизги нерсе: Кудай — капитандын жардамчысы эмес, кеменин капитаны экендигин таанып билдим. Мен эми Ага штурвалды берүүгө даяр болдум.
Менин кыйроомдун жана алсыздыгымдын бир нече айы мени Кудайга таянууга жана Анын ичинде болууга, Анын эркине ишенүүгө жана Ал Өзүнүн ойлогонун жана максатын мага ачып бергенче, күтүүгө үйрөттү. Эми мен качан иштеп, качан эс алуу керектиги тууралуу өз убагында чечим чыгаруум үчүн Кудай мени «түртүп коюусуна» жол берем. Менин жашоом мага эмес, Ага тийиштүү экендигин түшүндүм.
АЙЫГУУ КУДАЙДЫ ДАҢКТАЙТ
Түбөлүктүүлүктө сиз да, мен да Кудайдын энчиси болобуз. Биз Анын ырайымы менен, Анын өлүмү, көмүлүүсү жана тирилүүсү менен, Ыйык Рухтун биздеги иштөөсүнүн негизинде сатылып алындык. Биздин максатыбыз — Ага даңк алып келүү. Биздин улуу жеңишибиз, биздин өз күчүбүз менен бир нерсе жасаганыбызда эмес, тескерисинче биздин жашообузда Теңирдин жасаганына жол бергенибизде. Бул аркылуу биз Ага даңк алып келебиз. Анын тактысынын алдында өз таажыларыбызды таштап, Анын алдында күнөөсүз жана кемчиликсиз туруудан артык кубаныч жана шаттануу жок.
Көп учурда биз биздин жашообуз — түбөлүктүүлүккө даярдануу экендигин унутуп коебуз. Биз бул жашоодо мектептегидейбиз — окуйбуз, өсөбүз жана өнүгөбүз. Бул — жетилүү процесси. Биз Кудайдын максатын кабыл алганыбызда жана аны менен макул болгонубузда гана айыгуу процесси башталат. Менин эрким жараксыз деп табылып, Анын эркине толук баш ийгенде гана, мен Ага — жүрөгүм, акылым, денем, жаным жана рухум менен таандык болом. Ушундай болгон кезде менин жашоом толугу менен Анын колунда болот. Ал Өзү каалагандай мени колдонот. Досторум, мына ушул нерсе жашоодогу улуу майрамдын башталышы болот!
6-бөлүм. РУХАНИЙ ЖЕТИЛҮҮ
Рухий өсүү — биз азыр болгон ордубузда — жер бетинде башталган жана бизди Кудай күтүп жаткан түбөлүктүүлүктө бүтө турган процесс. Бул процесс Ага толук баш ийүүнү талап кылат. Натыйжасында, биз рухий жетилебиз. Бирок биз баралыбызга жетүүбүз үчүн, Кудай азап чегүүгө жол берет.
Руханий жетилүү процесси үч аспектиге ээ: өзгөрүү, өсүү жана талкалануу.
ӨЗГӨРҮҮ
Руханий өсүүнүн биринчи аспектиси — өзгөрүү. Эгер биз өзгөргүбүз келбесе, анда эч кандай руханий өсүү тууралуу сөз кылуунун кажети жок. Эски ойлорду карманып жана Кудай, Ыйык Рух жана машаякчылык жашоо жөнүндө эски элестер менен жетеленип, эски жол менен басып, анан ушуну менен бирге Кудай бизди кандай болушубузду көргүсү келген адамдай болуп калууга мүмкүн эмес. Жетилгендик өзүнө конструктивдик өзгөрүүнү кабыл алуу каалоосун талап кылат.
ӨСҮҮ
Руханий баралга жетүүнүн экинчи аспектиси биринчи менен тыгыз байланышта — бул өсүү. Ар кандай өзгөрүү өсүүгө алып келбейт, бирок ар бир өсүү сөзсүз белгилүү өзгөрүүлөр менен белгиленет. Руханий жетилүү биз бардык ойлорубузда, сезимдерибизде жана жүрүш-турушубузда Машайакка окшошкончо «өсүү» дегенди билдирет. Петирдин экинчи катында (3:18) биз окуйбуз: «…Кудайдын ырайымы астында өскүлө, биздин Теңирибиз жана Куткаруучубуз Ыйса Машайакты таанып билүүңөр өсө берсин. Даңк азыр жана түбөлүктөн түбөлүккө Аныкы!»
Окумуштуулар айткандай, жаратылышта өсүүгө жөндөмдүүлөрдүн бардыгы кандайдыр-бир «азыктандыруучу чөйрөдө» өсүшөт. Илимий лабораторияларда бул чөйрө топурак, суу жана химиялык заттар боло алат. Ал эми руханий сферада бул чөйрө сүйүү болуп саналат. Биз бири-бирибизди сүйгөндө руханий өсөбүз. Элчи Пабыл айткан:
…тескерисинче, чындыкты сүйүү менен айтып, бардык жагынан Башчыбыз Машайакка окшошуп өсүшүбүз үчүн дайындады. Анын башчылыгы астында өз ара бириккен бардык муундардын жардамы менен бириктирилген жана түзүлгөн дене өзүн сүйүү менен бекемдеп, ар бир мүчөнүн өз алдынча кылган аракетине жараша өсөт.
Биздин өсүүбүз бизди көз карандысыздыкка алып келбейт. Физикалык дүйнөдө так ушундай болот — балдар өсүшөт жана ата-энесинен көз карандысыз болуп калыптанат. Руханий өсүү болсо Теңир Ыйса Машайактан көбүрөөк көз карандылык менен мүнөздөлөт. Руханий жетилгендик — бул башкаруучу, устат жана коргоочу болуп саналган Ыйык Рухтан толук көз каранды болгон абал.
МОЮН СУНУУ
Руханий өсүүнүн үчүнчү аспектиси — бул моюн сунуу. Биз өзгөргүбүз жана өскүбүз келсе, анда бизди кармап турган жана Кудайдын батасын толугу менен кабыл алууга тоскоол болгон нерселерди таштообуз керек. Биз өзүбүз бекем кармап алган нерселерибизди кое беришибиз керек.
МУСАНЫН ТАЛКАЛАНЫШЫ
Руханий жетилүүнүн бардык аспектилери Мусанын жашоосунда абдан айкын көрүнөт. Анын Ыйык Китепте жазылган тарыхы, чынында өз туугандары тарабынан кулчулукка сатылган Жакыптын уулу Жусуптан башталат. Кайгылуу абалдардын тизмеги аркылуу Кудай кул Жусупту Мисирдин премьер-министрине айланды.
Ушундай чоң өлкөнүн жетекчиси болгон абалда Жусуп бүтүндөй элди жети жылдык кургакчылыктын натыйжасынан куткарып кала алды. Ачкачылык ушунчалык катуу болгондуктан, жада калса, Жусуптун үй-бүлөсү жашаган Канаан жеринде да сезишкен. Эптеп өмүрлөрүн сактап калуу үчүн, анын бир туугандары Мисирге дан үчүн жөнөштү. Алардын жүрүшү Жусуп менен жолугушуу менен аяктады. Жусуптун бардык үй-бүлөсү, жетимиштен ашык адам Мисирге көчүп келишти жана ачкадан өлүүдөн аман калышты.
Муса төрөлгөн убакта еврейлер үч миллион адамдан турган калк эле. Жусуп өлгөндөн кийин бийликке еврейлерди жактырбаган фараон келген. Ал өз элине мындай деди: “Ысрайыл эли бизден алда канча көп жана күчтүү болуп кетти. Көбөйүп кетпеши үчүн, аларды алдайлы, антпесек согуш болсо, алар душмандарыбызга кошулуп, бизге каршы чыгып, жерибизден чыгып кетишет” (Чыг. 1:9–10). Бул фараон еврейлерди иштөөгө мажбурлады жана алардын үстүнөн көзөмөлдөөчүлөрдү койду. Ыйык Китеп: «Аларды канчалык эзген сайын, алар ошончолук көбөйүштү. Алар канчалык көбөйгөн сайын, мисирликтер алардан ошончолук кооптоно башташты. Ошондуктан мисирликтер Ысрайыл уулдарын ырайымсыздык менен зордоп жумушка салышты», — деп күбөлөндүрөт (Чыг. 1:12–13). Эврейлердин өсүү санын кандайдыр-бир жол менен токтотуу үчүн, фараон эврейлердин ар бир ымыркай эркек балдарын өлтүрүүнү буйруду.
Муса бул буйрук күчүнө кирген мезгилде төрөлгөн. Бирок Мусанын энеси буйрукка баш ийбестен, өз уулун жашырып жүрдү. Ал аны кичине кол себетке салып, Нилдин жээгине камыштын арасына коюп койду. Анын кызы болсо, Мириям, алыстан байкап турду. Ошол убакта, Кудайдын кудурети менен, дарыяга фараондун кызы келип, кол себетти көрүп калды да, анын ичинде еврей баласын таап, аны бала кылып, асырап алууну чечти. Ошондо Мириям бала үчүн жакшы бага турган аялды таап бере алам деп айтты. Фараондун кызы макул болгондо, Мусаны эмизип, бага турган аял — өзүнүн энеси болуп калды, ал анын жашоосунун биринчи жылдарында кам көрдү.
Муса чоңойду. Бир жолу ал өз уруулаштары иштеген жерге барды. Муса көзөмөлчүнүн ысрайылдык бирөөнү сабап жатканын көрүп калды, ага болушуп, мисирликти өлтүрүп койду да, анан өз кылмышын жашыруу үчүн, аны көөмп салды. Аны эч ким көргөн жок деп ал ойлоду. Бирок, анын жүрөгүн түшүрүп, кийинки күнү ал мушташып жаткан эки ысрайылдыкты ажыратууга аракет кылганда, анын бирөөсү ага: «Ким сени бизге башкаруучу же соттоочу кылып койду? Мисирликти өлтүргөндөй, мени да өлтүргүң келип турабы?» — деди (Чыг. 2:14). Муса анын кылмышы байкалып калганын түшүндү да, Мидиан жерине качып кетүүнү чечти. Узакка созулган кырк жыл бою Муса өзүнүн кайнатасына жалданып, чөлдө анын койлорун кайтарып жүрдү.
Башкаруучунун уулу катары мамиле кылышкан жерден, фараондун сарайынан Муса куулуп, чөлгө туш келип, жөнөкөй койчу болуп калды. Бул Мусанын талкалануу убактысы болчу!
Анда, Мусанын жашоосунда эмне талкаланды? Ошентип, ал келишимдүү десе келишимдүү, бийлиги бар десе, анысы да бар, билимдүү адам эле. Муса буйруктарды бере алган жана иш жүзүндө, өлкөнүн түгөнгүс байлыктары анын карамагында болчу. Муса фараондун сарайында ушундай орунду ээлеп турган. Мен ойлойм, эгерде биз Кудай элин мисирлик кулчулуктан Канаан жерине алып чыгуучу адамды тандай турган болсок, Муса эң мыкты кандидат болмок. Адамдардын көз карашы боюнча, анда бул миссияны аткаруу үчүн талап кылынган бардык нерсе бар болчу. Анда эмне үчүн Муса кырк жыл чөлдө жүрүүгө мажбур болду?
Муса өзгөрүшү керек эле. Кудайга Муса өз күчүнө таянганын токтото тургандай кылыш керек эле. Ал толугу менен Кудайга таянууну үйрөнүүсү керек эле.
Муса сыяктуу эле, эврейлер Мисир маданиятынын күчтүү таасиринин алдында болушкан: алар ошол маданиятты ушунчалык сиңиришкендиктен, жада калса, мисирликтердин кудайларына табынып башташкан. Муну түшүнүү оңой, анткени саясий аренада Муса пайда болгонго чейин, ысрайыл эли Мисирде төрт жүз жыл жашашты го.
Мисир жеринен чыккан эл Аны даңктай алуусу үчүн, Кудайга Мусанын акылын Мисирдин маданиятынын таасиринен бошотуусу керек болгон. Ушундан кийин гана ысрайылдыктар бир гана Кудайга ишенүү керектигин көрө алышмак. Мусаны моюн сундуруу менен, Кудайдын алдыга койгон максаты бар болчу — Ал кайрадан Өзүнүн эли кылуу үчүн ысрайыл элинин баарын моюн сундургусу келген.
Кудай Мусаны талкалоо менен, ал Мисирде жашаганда ээ болгон бардык нерсесинен ажыраткан. Муса чөлдө болгондо үй-бүлөсүнөн, падыша сарайынан, бардык артыкчылыктардан жана сыйлардан, өз бийлигинен жана кудуретинен ажырады. Муса баарын жоготту.
Муса баалуу кийим кийип, тез жүргөн ат арабаларда жүрүү, эң мыкты кулдарга ээ болуп, айланадагылардан сыйды кабыл алуу эмне экендигин жакшы билген. Бирок бир нече күндүн ичинде баары өзгөрдү. Фараондун бийлик таягынын ордуна анын колуна койчунун таягы тийди, эми аны кулдардын тобу эмес, бир короо кой курчады. Мусага падыша сарайын чатырга алмаштырууга туура келди. Ал еврейлердин бардыгы кандай жашаса, ошондо жашай баштады.
Бир нече жыл аралыгында Кудай Мусанын жүрөгүн жана жанын өзгөрттү. Өзүмчүл Муса көңүлү Кудайга гана бурулган адамга айланды. Муса Кудайдын жолдорун түшүнүүнү, ошондой эле Кудай үчүн эмне мааниге ээ экенин түшүнүүнү үйрөндү. Ал бул дүйнөнүн көз алдында санда жок киши болуп, ал эми Кудайдын алдында баалуулукка ээ болуу эң жакшы экенин түшүндү.
КУДАЙДАН БОЛБОГОН НЕРСЕНИН БААРЫН ЖОК КЫЛУУ
Кимдир бирөө ойлонушу мүмкүн: «Кудай Өз колунда курал катары колдонгусу келген ар бир адам менен ушундай кылабы?» Бир жагынан сиз фараондун уулу эмессиз, ошондуктан мен Мусанын тагдыры сиздин башыңызга түшөт деп тынчсызданбайм. Башка жагыган алганда, Кудай Өзүнүн каалоосун ишке ашыруу үчүн бизди моюн сундурууда дал ошол эле принциптерди колдонот. Кудай Өз алдына бизди атактуу, сыйлуу, бай кылуу максатын койгон эмес. Кудай жашообузда туура орунда ээлеп, эң негизгиси — Ал биздин жашообузда эң баалуу экендигин түшүнүүбүздү каалайт.
Албетте, Кудай сизди бай кыла алат. Ал сизди белгилүү кыла алат. Бирок мындай болгон учурда да, бардык мактоо бир гана Ага таандык болот. Эгерде сиз толугу менен Кудайга таянсаңыз, эгер Кудай сизге даңкты жана жакшы нерселерди белек кылса, сиз эч качан даңк жөнүндө да, байлык жөнүндө да тынчсызданбайсыз. Сиз үчүн алар эч мааниге ээ болбой калат! Сиз Кудай берген атактуулугуңузду жана акча каражатыңызды өзүңүздү жеке жогору көтөрүү үчүн эмес, Анын максаттарына жетүү үчүн гана колдоносуз.
Ыйык Китеп эмне үчүн Кудайга Мусаны талкалоо үчүн кырк жыл талап кылынганы тууралуу бизге айтпайт. Бирок Кудай биздеги таарыныч, душмандык жана каар биздин жашообуздан түп-тамыры менен жок болмоюнча бизди «талкалап-кыйратып турарына» ишенсек болот. Кудай үчүн бул процесске канча убакыт жумшалганы маанилүү эмес. Кудайга бул процесстин бүтүшү маанилүү. Кудайга Мусанын мүнөзүнө өзгөртүү киргизүү үчүн жана анын Теңирге толугу менен таандык болуусуна тоскоол болгон нерселерди түп-тамыры менен жок кылуу үчүн кырк жыл убакыт талап кылынды.
Мүмкүн, бул кырк жыл Мисирде белгилүү бир абал түзүлүшү үчүн керек болгондур. Же ысрайыл эли кулчулукта ушунчалык кыйналып, Кудай аларга кандай гана жол башчы бербесин, аны ээрчүүгө даяр болуусу үчүн берилгендир. Кудайдын убактысынын толуктугу деген түшүнүк бар. Жазууда биз Кудай «убакыттын толуктугу» келгенде иштеп баштаганы тууралуу көп ирет окуйбуз. Кудайдын мөөнөтү — биз белгилеген мөөнөт эмес. Ал үчүн убакыт — Өз максатына жетүүдөгү курал. Түбөлүктүүлүк менен салыштырганда, кырк жыл — бул эч нерсе эмес!
Мен ойлойм, биздин эч кимибиз Муса башынан өткөргөндү сезүүнү каалабайбыз. Мусаны талкалануусу кыйын жана оор болду. Кырк жыл убакыттын ичинде аны карапачынын тегерек куралындагы топурактай ийлешти, жуурушту, сүрүп, жылмалашты, бул процессти ал толугу менен өзгөрүлгөнчө, кайра-кайра кайталашты. Мурунку болгон адам жана кырк жылдан кийинки болгон адам — эки башка инсан.
Бирок Кудай так ушуга умтулган. Муса кайрадан фараондун алдына Мисирден эврейлерди чыгаруу үчүн келгенде, ал качандыр-бир убакта фараондон качып кеткен адамга окшош эмес эле.
ЖАКШЫЛЫК ҮЧҮН АЗАП ЧЕГҮҮ — КООМДОГУ ЖАЛПЫГА БЕЛГИЛҮҮ БОЛБОГОН ИДЕЯ
Биздин маданият бизге такыр башка баалуулуктарды үйрөтөт. Биз өз алдыбызча болуп, келечекти пландаштырууга жана койгон максаттарыбызга дайыма жетүүгө умтулабыз. Кайсы бир мезгилде мисирликтердин маданияты Мусага кандай таасир тийгизсе, азыркы замандагы маданият бизге ошондой таасирин тийгизет. Бирок, Кудай Мусаны такыр башка нерсеге үйрөткүсү келген. Чөлдө Мусага Кудайга кантип толугу менен таянууну жана Кудай айткан нерсени кантип так аткарууну үйрөнүүгө туура келди.
Кудайга толук ишенип таянуунун эң жакшы үлгүсү, албетте, Ыйса болгон. Ал Өзүнүн шакирттерине: «…Мени көргөн адам Атамды да көрдү… Менин Атамдын ичинде экендигиме, Атамдын Менин ичимде экендигине ишенбейсиңби? Силерге айткан сөздөрдү Мен Өз атымдан айткан жокмун. Менин ичимде жашаган Атам Өз иштерин кылып жатат. Мага ишенгиле: Мен Атамдын ичиндемин, Атам Менин ичимде. Сөзүмө ишенбесеңер да, кылып жаткан иштеримди көрүп, Мага ишенгиле» — деген (Жкн. 14:9–11).
Ыйса Өзүнүн бүт өмүрү менен Кудайдын ой-каалоосун аткарган. Ушундай тил алчаактыкты Кудай Мусадан каалаган, Ал аны биздин ар бирибизден да каалайт.
Кимдир-бирөө бир жолу мындай деген экен: «Адамдын Кудайга кайрылуусу үчүн көз ирмем керек, бирок ыйык болуу үчүн бүтүндөй өмүр талап кылынат». Теңирге кайрылуу чындыгында бир заматта болот, бирок руханий жетилүү үчүн жылдар талап кылынат.
Мен көп учурда машайакчылардын өздөрүнүн карьерасы же коомдогу абалы эле эмес, өздөрүнүн машайакчылык жашоосунун кандайдыр-бир, алар эсептегендей, эң жогорку баскычына жетүүгө аракет кылып жаткандарынын үстүнөн байкоо жүргүзөм. Алар баары бирдеме чогултушат, табышат жана сатып алышат, жаңы кызмат ордуна орношушат, жабык клубдарга мүчө болушат, өз рухий резюмелерине көптөгөн жаңы жетишкендиктерин жазышат жана Кудайдын алдына келип: «Карачы, Теңир, мен Сен үчүн канча нерсени жасадым», — деп айтуу үмүтүндө, жакшы иштеринен турган узун тизмек түзүшөт.
Кудай бизди моюн сундурганда, Ал бизди топтоого эмес, бошонууга чакырат. Ал бизди ар кандай нерселерден жана адаттардан, каалоолордон жана пландардан арылууга чакырат. Ал биздин: “Мендегинин баары — бул Сен, Теңир. Сен — мендесиң, мен — Сендемин. Бул эң негизгиси”, — деп айтканга чейин, биздин «мен» дегенибизден арылтат.
СИЗДИН ӨМҮРҮҢҮЗДӨГҮ РУХАНИЙ ЖЕТИЛҮҮ ПРОЦЕССИ
Мүмкүн, сиздин жашооңузда Кудай Мусанын жашоосунда иштегендей иштебейттир. Бирок Кудайдын ыкмалары өзгөрүлбөйт.
Сиздин жашооңуздан Кудай эмнени алып салгысы келип жатат?
Өзүңүздүн азап чегүүңүз тууралуу ой жүгүрткөндө, эмне жөнүндө ойлоносуз?
Сиз Кудайга толугу менен баш ийүүңүз үчүн, сиз менен Анын ортосунда эмне тоскоол болуп турат? Сиз Кудайга караганда эмнеге көбүрөөк таянасыз? Сиз Кудайга караганда эмнени көбүрөөк жакшы көрөсүз?
Мени менен тааныш болгон адамдар Кудай алардын жашоосунан эмнени алып таштагысы келип жатканын ичтеринде туюшат. Мүмкүн, алар муну бир-эки сөз менен айта алышпайттыр, бирок алар көбүнчө өз жашоолорун ансыз элестетүү татаал боло турганын жана жоготуп коюудан корккон нерселерин көрсөтүүгө жөндөмдүү.
Биз бири-бирибизди сүйүүбүз керек. Биз бири-бирибизди баалообуз керек. Бирок биз баарынан көп Кудайды сүйүшүбүз керек жана Аны менен болгон мамилебизди баалообуз керек.
Биз адал ниет менен эмгектенип, жакшы иштерди жасообуз керек. Бирок эч качан иштерибизди, алардын ичинде «Кудай үчүн» жасап жатканыбыз болсо да, аларды Кудай менен болгон мамилебизден жогору койбошубуз керек.
Биз башкаларга кызмат кылуубуз жана бүт дүйнөгө Машайак жөнүндө айтуубуз керек. Бирок эч качан биздин кызматыбызды Кудай менен болгон мамилебизден жогору койбошубуз керек.
Кудай бизди талкалайт… бизди өзгөртөт… ошондой эле узак жана татаал процесс болгонуна карабай, биз рухий жетилгенибизге чейин биздин үстүбүздөн иштейт.
ЖОГОРУДАН БЕЛГИЛЕНГЕН КЫЗМАТКА ДАЯРДЫК
Кудай руханий жетилген машайакчылар үчүн белгиленген өзгөчө кызматка бизди даярдоо үчүн азап чегүүнү колдонот.
“Кызмат” деген термин сизди оңтойсуздандырбасын. Ар бир машайакчы башка адамдарга жардам берүү аркылуу көрсөтүлө турган кызматка чакырылат. Бул жыйындын же кандайдыр-бир диний уюмдун долбоорлоруна күнү-түнү катышуу дегенди билдирбейт.
Бир жолу мага тааныш бир аял мага мындай деди:
— Менин бардык досторум кандайдыр-бир кызмат менен алек. А мен эч нерсе кылбайм. Мен болгону аялмын жана энемин.
Ал муну үйдөгү кожейке болгон абалы үчүн кечирим сурагандай абалда жылмаюу менен айтты.
Мен ага айттым:
— Сиз эң жакшы кызматтардын бирин кылып жатасыз.
Ал мага таң калуу менен караганын жашырган жок.
Мен айттым:
— Сиз мага балдарды чындыкта тарбиялоого караганда жоопкерчиликтүү кандайдыр-бир кызматты атап бериңизчи. Балдарды тарбиялоодо канчалык акылмандык, ишеним, чыдамдуулук жана сүйүү талап кылынса, ошончолук талап кылган башка кандайдыр-бир кызматты атай аласызбы?
— Мен бул тууралуу эч качан ойлоп көрбөптүрмүн, — деп ал мойнуна алды. Андан кийин анын оюна бир нерсе кылт этти окшойт, мындай деди: — Анда мен да кызмат кылып жаткан турбаймынбы!
Албетте. Балада Теңирге болгон сүйүү пайда болушу үчүн, керек болгон нерсени үйрөтүү үчүн колдонулган билимдин жана көнүгүүлөрдүн бардык көлөмүн элестетип эле көрүңүзчү. Такыбаа баланы өстүрүүгө аракет кылган эненин ээ болушу керек болгон курмандыгын, убактысын, аракетин жана билимин элестетип көрүңүз. Ата-эне көтөргөн кызматтын маанилүүлүгүн төмөн баалоого болбойт. Эгер Мусанын энеси: “Менин эч кандай кызматым жок”, — десе, эмне болмок. Бирок анын кызматы тарыхтагы улуу кызматтардын бири болгон — ал ысрайыл элинин жол башчысы боло турган уулун сактап калган жана багып-чоңойткон. Эч качан ал жоготпогон жана кийинчерээк өчпөгөн жалынга айланган Кудайга болгон ишенимдин учкунун Мусаны жүрөгүнө пайда кылган так эле ошол энеси болгон.
Биздин ар бирибизде кызмат бар. Биздин таланттарыбызды жана жөндөмдүүлүктөрүбүздү билип аны толугу менен ачыкка чыгарууну каалап, Кудай ар бирибиз үчүн кызмат жолун белгилеп койду. Бизге белгиленген нерсени аткаруубуз үчүн Кудай бизди белгилүү бир мезгилде белгилүү орунга жайгаштырат да, белгилүү адамдар менен бизди курчайт. Биз башкаларга өз күчүбүздү жана убактыбызды жоомарттык менен берип, аларга кызмат кылуу үчүн руханий өсүп-жетилебиз.
Өз элин мисирлик кулчулуктан чыгара алуусу үчүн, аларды Кудайдын батасы толук болуп жашай турган жерге ээрчитип бара алуусу үчүн Муса руханий жетилүүнүн кандайдыр-бир деңгээлине чейин өсүп-жетүүсү керек эле. Кудай Мусага өзгөчө кызмат берген. Биздин ар бирибизге да Ал өзгөчө кызматты белгилейт.
Сиз, мүмкүн, кызматты мүнөздөө үчүн жогорудан белгиленген деген сөз айкашын колдонгонумду байкаган чыгаарсыз. Муну мен бир себеп менен жасадым. Эгер бул чындап эле ушул сөздүн толук маанисиндеги кызмат болсо, анда ал жогорудан белгиленген болуусу керек, башкача айтканда Кудайдын руху менен шыктанган жана Кудайдын күчүнүн негизинде болуусу керек. Кызмат кылуу — бул “кызмат өтөө”. Ар бир адам бир нерсеси менен жакынына кызмат кыла алат. Бирок адам жогорудан белгиленген кызматты аткаруусу үчүн Кудайдын жетекчилигинин астында кызмат кылуусу керек. Жогорудан белгиленген кызмат Ыйык Рухтун күчүн талап кылат.
Бирок, жогорудан белгиленген кызмат сөзсүз түрдө керемет жана айыгуу аркылуу көрүнбөйт. Рухий мыйзамдын үстүнө курулуп жаткан бизнес, балдарда Кудайга карата сүйүү болуусуна тарбиялоо, Жакшы Кабар таратуу же жыйындын хорунда ырдоо, мектепте сабак берүү же ооруканадагы жумуш — эмне гана болбосун, эгер Кудайдын даңкы үчүн кылынып жатса жана бул иште Ыйык Рухтун катышуусу болуп жатса, анда жогорудан белгиленген кызмат боло алат.
Ал эми азыр мен жогорудан белгиленген кызматтын кээ бир аспектилерин белгилейм.
ЖОГОРУДАН БЕЛГИЛЕНГЕН КЫЗМАТ ДАЙЫМА АНЫК МАКСАТКА ЭЭ
Кудай бизди кызматка чакырган учурда Анын так, анык максаты бар. Күйүп жаткан бадалдын арасынан Кудай Мусага: “Мен сенин фараонго барып, Менин элимди кое бер деп айтууңду каалайм”, — деп кайрылды. Так ушул Мусанын кызматынын максаты болчу.
ЖОГОРУДАН БЕЛГИЛЕНГЕН КЫЗМАТ КУДАЙГА БОЛГОН ТОЛУК ИШЕНИМДИ ТАЛАП КЫЛАТ
Кудайдын Мусага жүктөгөн тапшырмасы көтөрө алгыс оор болчу. Муса ошол эле жерден өзүнө шылтоо тапты. Ырасын айтканда, ал мындай деди: “Теңирим, сен туура эмес кандидатураны тандап алдың”. Муса Кудайга элдин алдында сүйлөй албай турганын жана берилген тапшырманы аткарууга жөндөмдүү эмес экендигин айтты, анан, Кудайдан анын ордуна башка кимдир-бирөөнү табуусун суранды. Ошого карабастан, Муса Кудайга баш ийди жана Теңир тарабынан ага берилген кызматты аткарды.
Жазуунун бардык жеринен сиз “Мен кыла албайм, Теңир” деген сыяктуу башка моюн сунууну көрсөткөн сөздү таба албайсыз. Бирок Кудай бизден да так ошону күтөт. Ооба, биз кыла албайбыз, бирок Ага толугу менен ишенсек, анда Ал баарын жасай алат.
Кудай бизден дал ушундай мамилени — толугу менен таянып, ишенүүнү күтөт.
Кудай Мусадан анын Теңирге таянып жатканынын далилин талап кылган. Кудай эч качан: “Эми, Муса, сен бир жолу Мага ишенгенсиң, ошондуктан азыр Мен билем, сен дайыма Мага ишенесиң”, — деп айткан эмес. Баары тескерисинче болгон. Мусанын ишеними дайыма сыналып турган. Сыноо канчалык оор болгон сайын, Мусага ошончолук Кудайга таянууга туура келген. Мисирден чыккан ысрайылдыктардын жолу канчалык оор болгон сайын жана чөлдө алар канчалык узак жүргөн сайын, Мусадан ошончолук Кудайга болгон толук ишеним талап кылынган.
Жогорудан берилген кызмат жолунда биздин ишенимибиз дайыма сыналууга дуушар болот. Кудай дайыма бизди толугу менен баш ийүүгө, терең ишенүүгө жана Ага баш-отуң менен берилүүгө чакырат.
ЖОГОРУДАН БЕЛГИЛЕНГЕН КЫЗМАТ КУДАЙДЫН КҮЧҮ МЕНЕН ИШКЕ АШАТ
Кудайдын буйругун укканда, Муса эмне сезгенин элестетип көрүңүзчү. “Ким? Менби? Койчубу? Мени адам өлтүргүч деп издеп жаткан жакка — фараондун сарайына барып, ага анын кулдарын бошот деп буйрук кылуугабы? Үйлөрүн калтырып, эч качан көрбөгөн жакка жүрүүлөрү үчүн үч миллион адамды ээрчитүүгөбү?” Мусанын алдына Кудай койгон тапшырма жөнөкөй эмес эле.
Кудай бизди чакырган кызмат кээде аткарылгыстай көрүнөт. Бирок бул Кудайдын каалоосунун бир бөлүгү. Кудай биз Ага толугу менен таянганыбызды каалайт. Эгер бизге тапшырылган кызматты өз күчүбүз жана акылмандыгыбыз менен аткара ала турган болсок, биз Кудайга муктаж болмок эмеспиз, анда биздин кызматыбыз өзгөчө, жогорудан белгиленген болмок эмес.
Кудай Мусага ачык эле айткан: “Мен аларды бошотом”. Муса жөн гана фараон менен сүйлөшүүсү керек эле, ал эми бошотуу иши болсо Кудайдыкы болчу.
Кудай Мусага болгону койчунун таягын берип, аны фараонго жөнөттү. Бул таяк Кудайдын катышуусунун символу болгон. Муса таянган бардык нерсе алынып ташталган. Анда бир гана Кудайга толугу менен таянуу калды. Эгер Кудай убада кылган нерсесин аткарбаса, анда эч нерсе болбойт эле. Мусанын колундагы таяк кереметтүү болгон, анткени Кудай аны ошондой кылып койду. Мусанын колунун жаңдоосу аркылуу кылынган нерселердин бардыгынын Мусага эч кандай тиешеси жок эле — ал болгону Кудайдын ага айтканын гана аткарган.
Фараонду Муса ынандырган жок. Кызыл Деңиздин суусун ал бөлгөн жок. Адамдарды тамак менен камсыздандырып, аларга суу берген ал эмес эле. Чөлдө жүргөндө жолду ал көрсөткөн жок. Мунун баарын Кудай жасады. Анын бардык иштеринин жана ысрайыл элинин муктаждыктарынын жоопкерчилигин Кудай Өзүнө алган. Муса болгону Кудайга тил алды.
Кызмат дайыма ушул принципке баш ийет.
Мүмкүн, биз үрөн сээп жаткандырбыз. Бирок Кудай аны өстүрөт.
Биз жараатты таңып же дары берүүбүз мүмкүн. Бирок айыгууну Кудай ишке ашырат.
Биз чын жүрөгүбүздөн сыйынып жаткандырбыз. Бирок кереметти Кудай жаратат.
Биз жасай алган нерсени гана жасайбыз, ал эми Кудай мүмкүн эмес нерсени жасайт!
Ушундай калың элди Мисирден Канаанга жетектеп келүү канчалык оңой жумуш эмес экендигин элестетип эле көрүңүз. Муса жолду улантууга аларды көндүрүүгө туура келген. Ага чөл аркылуу болгон узак жолдо бардык керек болгон нерселер үчүн, тамак, суу жана башка нерселер жөнүндө ойлонууга туура келген! Жүктөрдү эмнеге жүктөө керек? Ооруп калгандарды эмне кылуу керек? Артта калгандардычы? Козголоң чыгаргандардычы? Муса чөлдө ээ болгон мурунку койчулук тажрыйбасын баалаганына шек жок. Бирок Кудай: “Мен сени менен болом. Мен Ысрайыл элинин аксакалдары сени уга тургандай кылам. Мен колумду сунуп, Өзүмдүн кереметтерим менен мисирликтерге зыян келтирем. Ошондо фараон силерди кое берет. Мен силердин Мисирден кеткениңерде куру кол кетпешиңер үчүн, силерге мисирликтер жардам бере тургандай кылам” (Чыг.3:12–22 кара) — деди.
Кудай бизди кызматка чакырган ар бир учурда ошол эле сөздөрдү айтат: “Мен — баарын жасай тургандын Өзүмүн. Мен бул тапшырманы чечем. Силер болгону Мен айткан нерсени гана аткарууңар керек, ал эми калганын Мен жасайм”. Биз эмнеге белгиленгенсек, ошонун аткарылуусу үчүн керек нерсенин баары Анын колунда. Ал Өзүнүн ойлогонунун баарын ишке ашыруу үчүн Өз күчүн биз аркылуу көрсөтөт.
ЖОГОРУДАН БЕЛГИЛЕНГЕН КЫЗМАТ АЙЛАНАДАГЫЛАРГА ТААСИРИН ТИЙГИЗЕТ
Бир гана Кудай Мусаны руханий бекемдей алат эле. Бул бардык ысрайылдыктарга да тийиштүү болчу. Бир гана Кудай Өз элинен алар Мисирден өздөштүрүп алган бөтөн нерселерден бошото алмак. Ошол үчүн Ал аларга Мыйзам берди жана аларды чөлдө душмандарынан коргоп, асмандан манна берип, алып жүрдү. Кудай алардын жашоосунун бардык сфераларына кирип, аларды талкалады жана алар өзгөчө, тандалган эл болгондой кылып өзгөрттү.
Кудай качандыр-бир убакта Мусаны кантип бутпарастардын дүйнөсүнөн бөлсө, ошондой кылып эврейлерди да бөлдү. Ал аларды жаңы үрп-адатка, жаңы модага, жаңыча табынууга жана жаңыча жашоого чакырды. Андан сырткары, Кудай ысрайылдыктарга жалгыз жана чыныгы Кудайга табынбагандар менен никеге турбоону, ал тургай, мамилелешпөөнү осуяттады. Теңир жаңы экономиканы, жашоонун жаңы стилин, жаңы мыйзам жана жаңы эрежелерди жаратты.
Мусанын чөлдө өткөргөн убактысы жана ысрайыл элинин чөлдө жүрүү убактысы бирдей — кырк жыл болгондугу да кокустук эмес. Кудай Мусадагы мисирликтердин маданияты жана салттары менен байланышкан нерсенин баарын жок кылды жана андан ысрайыл элинин жол башчысын жаратты. Эми Кудай ысрайыл элинен Өзүнүн тандалган элин жаратуу үчүн, мисирлик бардык нерседен бошотту.
Өз убагында Мусага бергендей, Кудай ысрайылдыктарга Өзүнүн катышуусу алардын арасында экендигинин белгиси катары — күндүзү булут жана түндөсү от мамыны берди.
Ысрайылдыктар акырында Кудай убада кылынган жерге келгенде, алар Кудай Өз сөзүнө ишенимдүү экендигине көздөрү жетти. Алардын бардык душмандары жеңилди. Жерихонун дубалдары сурнайдын үнүнөн жана элдин кыйкырыгынан кулады. Ар бир согушта бардык даңк бир гана Ага бериле тургандай кылып, Кудай аларга жеңиш берди.
Бирок бул да аягы эмес болчу. Эмне үчүн Кудайга адамдарды руханий жетилген абалга жеткирүү маанилүү? Жооп мурдагыдай эле — жогорудан белгиленген кызмат үчүн. Бир жолу Кудай Ыбрайымга ал аркылуу бардык элдер Кудайды тааный тургандыгын айтты. Кудайдын эли бардык элдер үчүн жарык болуусу керек (Ыш. 42:6 жана 49:6 кара).
Кудай эврейлерге кандай гана бийик максатты көргөздү! Муса менен болгон окуядай, кайрадан элдин алдына жөнөкөй эмес тапшырма коюлду. Кудай айтат: “Эгер Мен айткандарды орундата турган болсоңор... эгер бардык учурда Мени уга турган болсоңор... Мен силерге батамды берем... жана силер батанын булагы болосуңар”.
Кудай Өзүнүн максатына колдонуу үчүн бизди талкалап, айыктырып жана руханий өсүүгө жардам берүүдө. Кудай биз аркылуу башка адамдарды айыктырат.
Биз башкаларды үйрөтүүбүз үчүн, Кудай бизди үйрөтөт.
Башкалар менен бөлүшө алуубуз үчүн, Кудай бизге акылмандык жана өткүрдүк берет.
Биз айланадагыларга сооронуч жана шыктануу берүүбүз үчүн, Кудай бизди сооротот жана шыктандырат.
Биз муктаж болгондорго кызмат кыла алуубуз үчүн, Кудай бизге руханий жөндөмдүүлүктөрдү берет.
Жакшы Кабардын жарыгын тараткандарга жардам бере алуубуз үчүн, Кудай бизге каражат менен бата берет.
ЖОГОРУДАН БЕЛГИЛЕНГЕН КЫЗМАТ ТОЛУГУ МЕНЕН ӨЗҮН БЕРҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛАТ
Азап чегүүнүн оорчулугун баштан кечирген адамдар өзүн курман кылууга даяр. Курмандык кылуучулук кызмат кылуу жөндөмдүүлүгүнүн ажырагыс бөлүгү. Жогорудан белгиленген кызмат эч качан көңүл коштукта же камырабастыкта аткарылбайт. Ал толугу менен өзүн берүүнү, сүйүүнү, ишке чексиз берилгендикти талап кылат.
Ысрайыл эли Мусага каршы кайра-кайра көтөрүлүшкөн, бул болсо Кудайдын Өзүнө каршы чыгуу болгон. Бир нече жолу Муса кайгыруу менен катуу кыйкырган: “Бул тоң моюн жана жүрөгү катуу элди эмне кылсам болот?” Бирок Кудай баштаган ишин уланта берди, Мусаны да, элди да калтырган жок. Ал Мусага кайгыны басып өтүп, кайрадан өз артынан элди ээрчитүүгө күч берип турду.
Эгер өзүбүздү жакындарыбызга арноону каалабасак, анда биз жогорудан белгиленген кызматты аткара албайбыз. Мындай кызмат бизди элдерге өз сүйүүбүздү жана убактыбызды берүүгө, аларга кайрымдуулук көрсөтүп, өз ишибизге берилүүгө чакырат. Ал өзүбүз үчүн эч нерсени сактабоону талап кылат.
Кудай биздин өзүбүз башкаларга кызмат кылып, бирок башкалар бизге кызмат кылуусун күтпөшүбүздү каалайт. Ыйса ким чоң болгусу келсе кызматчы, кул болсун дегенди ачык үйрөткөн. Кызмат кылуу биздин жашообуз болуусу керек.
Кызмат кылуунун маңызын ваза менен чаканын мисалында көрсөтүүгө болот. Миң доллар турган, абдан кымбат, аны көргөн коноктор тамшанып: “Оо, кандай сонун!” — деп айта алышы үчүн, эң көрүнүктүү жерге коюлган вазаны элестетип көрүңүз. Эми суусаган адамдардын суусунун кандыруу үчүн күн сайын суу ташып келген жети литрдик чаканы элестетип көрүңүз. Ошондой нерсени биз кызматта да көрө алабыз. Кимдир-бирөө көңүл буруунун борборунда болуп, өзүнүн сулуулугу менен мактанып, башкалардын ага суктанып кароосун каалайт. А башка бирөө болсо өзүмчүлдүктөн бошонуп, сүйүүгө толуп, башкаларга кызмат кылуу үчүн “чака” болууга чечим чыгарат.
Биз таза эмес жумуштан коркпошубуз керек.
Биз кыйынчылыктан жана көйгөйлөрдөн коркпошубуз керек.
Биз жеңибизди түрүп, иштегенге даяр болуубуз керек.
Биз өзүбүздү курмандык кылууга даяр болуубуз керек.
Биз башкалар үчүн азап чегүүгө даяр болуубуз керек.
Оорусуз жана азап чегүүсүз руханий өсүү мүмкүн эмес. Ар кандай кыйынчылыктарды басып өтүүнү каалабастан жана даяр болбостон туруп, жогорудан белгиленген кызматты аткарууга болбойт. Бирок, аларды басып өтүү менен Кудай биз менен, Теңир биздин ичибизде жана биз аркылуу иштеп жатат, Кудай бизге канааттанып жатат дегенди түшүнүп, кубанычты сезебиз. Жана менин досторум, ушул кубаныч менен башка эч нерсени теңештирүүгө болбойт.
Мусанын кызматы оңой болгон эмес. Андан фараонго кирип, Мисирге келе турган кезектеги жазаны жарыялоо үчүн көп кайраттуулук талап кылынган. Мисирдин армиясы жакын калганын билип, Кызыл деңиздин жээгинде турганда, эч кандай өтө турган жер жок болгонун көргөн учурда, андан улуу ишеним талап кылынган. Дагы Мусадан ысрайыл элинин дайыма болгон нааразычылыгын жана күңкүлдөгөнүн башкаруу үчүн улуу чыдамдуулук талап кылынган.
Эгер Муса талкалануу жана азап чегүү жолунан өтпөсө, ал эч качан Кудай чакырган кызматты аткара алмак эмес.
Биз Кудайдын алдында баш ийбесек жана Ага тил албасак, маанилүү эч кандай нерсе жасай албайбыз. Кудай бизге өзгөчө кызматты дагы бир жолу өз күчүбүз менен аткарууга аракет кылуубуз үчүн бербейт. Жок! Кудай биздин жашообузду Ага дайыма, ар бир жаңы күндө берүүгө чакырат. Биз Кудайдын алдында толук тил алчаактыкта жана Ага бүтүндөй берилген абалда болуубуз керек.
Бирөө бир жолу айтыптыр: “Мага менин куткарылганым эле жетет. Мен бейиштин дарбазасынын босогосуна жетсем эле болду”.
“Мына сага! — деп ойлодум. Кандай гана кайгылуу адашуу!” Кудай бизди эптеп эле Асман Падышачылыгына “жетүүбүз” үчүн куткарбайт. Ал бизди руханий жетилген адам болуп, Анын ойлорун жана максаттарын ишке ашырууга жардам берүүбүз үчүн куткарат. Жогорудан белгиленген кызмат биздин жашообузду сүрөттөй албаган таң каларлык сезимдер менен, өзгөчө маңыз жана маани менен толтургандыгы — эң жагымдуу бөлүк болуп калат.
Көп адамдар өмүр бою өздөрүнө: “Мен эмне үчүн жашап жатам?” — деген бир эле суроону берип келишет. Эгерде сиз Кудай тарабынан талкаланган болсоңуз, эгерде сиз Ал кантип сизди айыктырганын жана руханий өсүүгө жардам бергенин сезсеңиз, анда бул суроого жоопту сиз билесиз. Биз Кудай бизди Өз даңкы үчүн колдонуусу үчүн төрөлөбүз! Бүт адамзатка карата ойлорун ишке ашыруу үчүн болгон өзгөчө кызмат жолуна Кудай бизди чакыра алышы үчүн жашап жатабыз. Биз Кудайдан бата алып, айланадагыларга батанын булагы болуу үчүн жашап жатабыз.
Эгер биз өзүбүздүн эмнеге белгиленгенибизди билсек жана аны аткарууга аракет кылсак, анда эртең менен биз бирөөнүн ойготуусуна муктаж эмеспиз. Биз Кудайдын алдыбызга койгон максатына жетүүгө жакындоо үчүн жаңы күндү чыдамсыздык менен күтөбүз. Ар бир кадамыбыз бизге кубаныч жана жыйынтыгы жөнүндө Кудай кам көрөөрүнө таянуу менен, Кудайдын ишине берилүүгө болгон каалоо алып келет.
Бирок башында биз азап чегүү аркылуу өтүүгө, талкаланууга, өзгөрүүгө жана өсүүгө макул болуубуз керек. Кудай бизди толугу менен колдонуунун алдында, Ал биздин толугу менен Ага таандык экенибизди билүүсү керек.
7-бөлүм. ТАЛКАЛАНУУ ПРОЦЕССИ
Кудайдын көз карашы боюнча, талкалануу — бул тартипке келтирилген процесс. Биз бул процесстен иретсиздикти гана көрөбүз — ооруну, дүрбөлөңдү жана көңүл калууну сезебиз. Бирок, Кудай жашоодогу абалдарга мындай жол менен жооп кайтарбайт. Ал бизде кандайдыр-бир нерсе башталганга чейин эле, эмне болорун абдан жакшы билет, Ал Өзүнүн каалаганын орундатуу үчүн ушул абалдар аркылуу иштейт. Кудай эч качан талкалануу процессинин үстүнөн көзөмөл жүргүзүүсүн жоготпойт.
Буга элчи Петирдин жашоосу жакшы мисал боло алат. Анын жашоосунун эң белгилүү бөлүгү — бул Ыйсаны айкаш жыгачка кадаардын алдында болгон окуя.
Бул түнү Петир камакка алынган Ыйсанын артынан Гетсемани багынан башкы ыйык кызмат кылуучунун үйүнө чейин ээрчип барды. Ал үйдүн короосуна киргенде башкы ыйык кызмат кылуучунун кулдарынын бири Петирге карап: “Бул адам Аны менен бирге жүргөн”, — деди. Бирок Петир эч кандай Ыйсаны тааныбайм деп танып койду.
Бир аздан кийин дагы бирөө Петирди көрүп, ага: “Сен да ошолордонсуң”, — деп айтты. Петир кайрадан муну төгүнгө чыгарды. Бир нече убакыттан кийин, үчүнчү жолу, Петирдин Ыйса менен бир болгондугунун айтып, анын калпын чыгарууга аракет кылышты.
Петир: “Силердин эмне айтып жатканыңарды түшүнбөйм!”, — деп жооп берди. Ушул учурда, Петир Ыйсаны тааныбай турганын айткан мезгилде, короз кыйкырды. Ыйса Петир Андан короз кыйкырганча үч жолу баш тарта турганын алдын ала айткан эле. Баары Ыйса кандай алдын ала айткан болсо, ошондой болду (Лк 22:54–62 кара).
Петир таң каларлык адам болчу. Ал өзгөчө шыктуулугу менен айырмаланып турган. Жакшы Кабарларда башка элчилерге караганда Петир көп кездешет. Ал жөнүндө Элчилердин иштеринде жана каттарда да көп айтылат. Ал жетекчилердин ичиндеги жетекчи болсо керек. Жакып жана Жакан менен бирге, Петир Ыйсанын эң жакын адамдардын арасына кирген. Ал Ыйсанын абдан кайгылуу учурларында Анын жанында болгон адам.
Петир — жулкунган, эрктүү, ачык жана денелик жактан күчтүү балыкчы болгон. Ал өзүмчүл адам болгон деп да кошуп койсо болот.
Анда эмнеге Ыйса Петирге окшогон адамды тандады деген суроо туулат.
Ыйса мени жана сизди тандаган себеп менен эле Петирди да тандаган — Ал биздин эмнеге жөндөмдүү экенибизди көрүп турат. Кудай бизди Машайакка окшошууга болгон потенциалыбыз үчүн тандайт. Ыйса Петирди тандады, анткени ал аркылуу иштей ала турган адам тапканына ишенди. Петирди тандоо менен, Ыйсада өзгөчө каалоо болгон — Ал Өзүнүн тандаганын өзгөчө кызматка даярдаган. Биздин ар бирибиздин жашообуздагыдай эле, Петирдин жашоосунда да ошондой эле талкаланууну жана өзгөрүүнү талап кылган сфералар болгон. Ыйса Петирдин жашоосунда радикалдуу түрдө тасир этүүнү чечти жана бир жолу мындай деп айтты: “Мен сенин атыңды өзгөртөм”. Петирге жаңы ысым берүү менен Ыйса Шымон менен байланышкан бардык нерсени талкалады — анткени Ыйса тандаганга чейин аны ушундай аташчу. Ошентип, Шымон, балыкчы, Петирге, элчиге айлана баштады.
Биздин ар бирибиздин жашообузда Петирдин жашоосундагыдай талкалануу процессинин төрт негизги бөлүгү байкалат.
КУДАЙ ЭМНЕНИ ТАЛКАЛОО КЕРЕКТИГИН ТАНДАЙТ
Кудай биздин жашообуздагы талкалана турган нерсени дайыма табат.
Биздин ар бирибизде өзүбүздүн күчтүү жана алсыз жактарыбыз бар. Көп учурда Кудай биз эмнеде өзүбүздү күчтүү деп эсептесек, ошону сындырат. Эмне үчүн? Анткени биз өзүбүздүн күчүбүздү сезген жерде Кудайдын жогору экендигин моюнга алуу кыйынга турат. Өзүбүздү алсыз сезген учурда Теңирге: “Кудайым, бул нерседе мен алсызмын, ошондуктан Сен менин күчүм бол”, — деген сөздөр менен кайрылабыз. Бирок өзүбүздүн оюбуз боюнча күчтүүбүз деген жерде: “А муну мен өзүм эле бүтүрө алам”, — дейбиз. Биз жардам жана кеңеш сурап Кудайга кайрылбайбыз.
Мисалы, жөндөмдүү педагог же оратор жекшембилик мектеп үчүн сабакка же жыйында насаат сөз айтуу үчүн даярданган учурда Кудайдан жардам сурабашы мүмкүн. Ал эми эч качан сабак бербеген же көп элдин алдына эч качан чыкпаган адамдан сабак берүүсүн же жыйындын алдына сөз айтуусун сунуш кылса, ал адам баарынан мурун жардам сурап, Кудайга кайрылууга шашылат.
Биздин ар бирибиздин өз адаттарыбыз жана дүйнөгө болгон көз караштарыбыз бар. Эгер алар Кудайдын ойлоруна карама-каршы болсо, анда алар Кудайдын көңүлүн бурган нерсе болуп калат. Мына дал ошолорду Кудай талкалайт. Мисалы, Кудай дайыма жалган кудайларга табынуучулукка, ичи тардыкка, кулчулуктун ар кандай түрлөрүнө, расалык бөлүнүүгө каршы.
Биздин ар бирибизде каалоолор бар. Бирок биз кайсы бир деңгээлде бир нерсени кааласак жана муну Кудай менен болгон мамилебизден жогору койсок, анда мындай каалоо талкалана турган нерсе болуп калат. Бизге ушуга окшогон каалоолорубуздун бар экендигин моюнга алуу кыйынга турушу мүмкүн. Анда өзүбүздөн: “Мен эмне жөнүндө баарынан көп кыялданам”, — деп сурашыбыз керек. Биз эмне жөнүндө кыялдансак жана ойлонсок, ошолор талкалана турган нерсе болуп калышы ыктымал. Эгер бул ойлор бизге ушунчалык сиңгендиктен, биз Кудайды таанууну жана Ага кызмат кылууну эстен чыгарып коюп жатсак, анда Кудай сөзсүз түрдө кийлигишет.
Биздин жашообуздун каалаган учурунда Кудай биздин Аны менен болгон мамилебизге эң кооптуу коркунуч туудурган нерсени бөлөт. Ал бизге таяныч болгон же биз сүйгөн нерседен ажыратканда, көп учурда биз кайгырып, айлабыз түгөнөт. Бирок Кудай бизди туура эмес байланып калган нерсебизден гана ажыратат. Бирок, Кудай биздин кимдир-бирөөгө таянып же бир нерсени жакшы көргөнүбүздү каалабайт дегендик эмес. Жок! Кудай биздин Ага караганда, кимдир-бирөөгө көбүрөөк таянып жана бирдемени көбүрөөк жакшы көрүшүбүздү каалабайт. Жазууда бир нече ирет “Теңирдин кызганычы” деген сөз кайталанат. Анын кызганычы биздин ышкылуулугубузга, биздин каалоолорубузга жана биз эмнени жыкшы көрүп жана эмнеге өз убактыбызды көбүрөөк арнасак, ошого карай багытталган. Ал Аны баарынан артык көрүшүбүздү каалайт.
Кызганыч — бул бизге укук боюнча тийиштүү болгон нерсени сактоо үчүн жалындап күйүп турган каалоо. Күйөө аялын алардын никесине ким кол салып жатса же тартып алууга аракет кылып жатса, ошодон кызгануусу мүмкүн, анткени анын аялы укук боюнча ага таандык. Аял да күйөөсүн ушундай негизде кызгануусу мүмкүн. Бизге тийиштүү болгон нерсени бирөө тартып алууга аракет кылып жатса, биз кызганабыз.
Көз артуу, тескерисинче, бул бизге тийиштүү эмес нерсеге багытталган. Эгер башкага тийиштүү нерсени каалап жатсак, биз көз артып жатабыз.
Биз Кудайга таандыкпыз. Ал — биздин Жаратуучубуз, ал эми биз — Анын жаратуусубуз, Анын балдарыбыз. Ал бизди Андан көңүлүбүздү башкага бурган жана биздин жашообузда Анын ордун ээлей баштаган бардык нерседен кызганат.
Теңир биздин толугу менен Ага таянуубузду каалайт. Ал Андан эч нерсе бизди бөлбөстүгүн каалайт. Кудай биздин жашообуздагы — биз үчүн абдан кымбат жана баалуу болуп эсептелген бардык нерсени — Анын сүйүүсүнөн бизди бөлгөн, биз менен Анын ортосунда тоскоол болгон бардык нерсени талкалайт, сындырат жана биздин жашообуздан жок кылат.
Биз дээрлик дайыма Кудай эмнени максаттап, эмнени мээлей турганын билебиз. Мен сиздин азыр бул саптарды окуп жатып, өз жашооңуз тууралуу: “Кудай ушул нерсе менен макул эмес болуш керек жана талкалануу планын белгилеп койду”, — деп, биле баштадыңыз болуш керек деп ойлоп турам. Биз менен Кудайдын ортосунда эмне турганын, биздин жашообузда Кудайдын Руху эркин көрүнүшү үчүн эмне тоскоол болуп жатканын билебиз. Биз Машайак жөнүндө күбөлөндүрүүгө же күнөөнү жеңгенге эмне тоскоол болуп жатканын билебиз. Биздин көңүлүбүздү эмне өзүнө буруп жатканын, биздин тынчтыгыбызды эмне бузуп жатканын же ачык ойлонууга эмне тоскоол болуп жатканын билебиз. Албетте, муну Кудай да билет. Бирок Кудай бизге караганда нарыраак көрөт.
Ыйса Петирдин жашоосунан бир нече маселени көргөн.
Матай жазган Жакшы кабардын 14-бөлүмүндө биз Ыйсанан суунун үстүндө шакирттерин көздөй басып бара жатканы тууралуу окуйбуз. Ыйсаны көрүп, бардык шакирттер коркуп кетишти. Петир: “Теңир! Эгерде бул Сен болсоң, буйрук бер, мен Сага суу үстү менен барайын”, — деди.
Ыйса ага: “Кел”, — деп жооп берди.
Бирок, Петир кайыктан түшүп, суу үстү менен Ыйсаны көздөй баратканда, анын көңүлү катуу шамалга жана толкунга бурулду. Петирди коркунуч каптады, анан чөгө баштаганда: “Теңир! Мени сакта!” — деп кыйкырды. (Мат. 14:22–30).
Ыйса Петирдин табияты боюнча импулсивдүү жана өзгөрүлмө экендигин, бирде ишеними күйүп, бирде коркунучка алдыра турганын билген. Ыйса Петирдин Анын артынан олку-солку болбой ээрчий алышы үчүн, андагы коркунучтун кишендерин талкалашы керек эле.
Матай жазган Жакшы кабардын 16-бөлүмүндө биз Ыйсанын Петирге жана башка шакирттерге Анын Иерусалимге баруусу керектигин жана ал жакта аксакалдардын, башкы ыйык кызмат кылуучулардын жана мыйзам окутуучулардын колунан азап чеге турганын, андан кийин өлүп, бирок үчүнчү күнү тириле тургандыгын айтканын окуй алабыз. Петир Ыйсаны четке алып чыгып: “Бул Сенин башыңа түшпөсүн”, — деп каршы боло баштады. Муну уккан Ыйса Петирге: “Кет жанымдан, шайтан! Сен Мага тузак коюп жатасың. Анткени сенин ойлоруң — Кудайдын эмес, адамдын ойлору”, — деди (Мат. 16:21–23).
Ыйса Петирдеги Кудайдыкындай эмес, өзү каалагандай жасоого болгон каалоолорун Анын талкалоосуна туура келерин билген эле.
Бир жолу Петир Ыйсадан: “Теңир, мага каршы күнөө кылган бир тууганымды канча жолу кечиришим керек? Жети жолубу?” — деп сурады. Бул Петир үчүн чексиз кең пейилдик көрсөтүп жаткандай сезилди. Бирок Ыйса ага: “...сага айтып коеюн, жети жолу эмес, жетимиштен жети жолу”, — деп жооп берди (Мат. 18:21–22).
Ыйса Петирдин өзүнө канааттангандыгын талкалап, анын жөндөмдүүлүгүн чексиз ырайым кылуу жана кечирим менен алмаштыруу керектигин билген эле.
Жакан жазган Жакшы кабардын 13-бөлүмүндө Ыйса Петирдин бутун жууганга аракет кылганы тууралуу жазылган. Петир ошол кечте Ыйсага каршы болуп: “Мен бутумду Сага эч качан жуудуртпайм!”. — деди.
Ыйса ага мындай деп жооп берди: “Эгерде Мен сенин бутуңду жуубасам, анда сен Мени менен үлүштөш болбойсуң”.
Ыйса Петирдин текебердигин сындырууга туура келерин билген эле.
Матай жазган Жакшы кабардын 26-бөлүмүндө Ыйса Өзүнүн шакирттерине мындай дегени жазылган: “...ушул түнү баарыңар Менден шектенесиңер. Анткени Ыйык Жазууда: “Койчуну жок кылам, ошондо койлор туш-тушка качып кетет”, — деп жазылган; Бирок Мен тирилгенден кийин, силерди Галилеядан тосуп алам”.
Ошондо Петир Ага: “...эгер баары Сенден шектенишсе да, мен эч качан шектенбейм”, — деди. Ал Ыйсадан баш тарткандан көрө, Аны менен бирге өлө турганын айтып, ант берген (Мат. 26:31–35).
Ыйсанын ишенимсиздик тууралуу айткан пайгамбарчылыгы ага тиешелүү эмес деп эсептеген Петирдин өзүнө ишенүүчүлүгүн талкалоо керектигин Ыйса билген эле.
Лука жазган Жакшы кабардын 22-бөлүмүндө куралданган адамдардын тобу Ыйсаны камакка алуу үчүн келгендиги тууралуу сүрөттөлөт. Мына, Жүйүт Ыйсаны чыккынчылык кылуу менен өбөт, андан кийин Ыйсаны камакка алышат. Петир Ыйсаны коргоону чечет да, кылычты алып, башкы ыйык кызмат кылуучунун кулунун кулагын кыя чабат. Бирок Ыйса: “Жетишет”, — деп аны токтотот. Андан кийин Ал кулдун кулагына колун тийгизип, аны айыктырат.
Кайрадан Петир талкаланды. Ыйса Петирдин текебердигине, өзүмчүлдүгүнө, өзүнө таянгандыгына, биринин артынан бирине чабуул жасаган.
Биздин жашообузда да Ыйса ошондой эле кылат. Кудай биздин жашообузда Ага толугу менен таянуубуз үчүн эмне тоскоол болуп жатса, ошону табат.
КУДАЙ БЕЛГИЛҮҮ ШАРТТАРДЫ ТҮЗӨТ
Эмнени талкалоону тандаган сыяктуу эле, талкаланууга алып келген бардык жашоо абалдар толугу менен Кудайдын бийлигинин алдында.
Эмне үчүн Ыйса суунун үстүндө басты? Ал Петир жана башка шакирттери ишенимдин жардамы менен коркунучту басып өтүүнү үйрөнүүсү үчүн ошондой абал түздү.
Эмне үчүн Ыйса шакирттеринин бутун жууду? Ал бир чети ушул түзүлгөн абалда Петирдин текебердигин ачыкка чыгарууну каалагандыктан ушундай кылууну чечти.
Эмне үчүн Ыйса шакирттери Андан баш тартып кете турганын пайгамбарчылык кылды? Мүмкүн, Ал Петир өзүнүн кекирейгендигин мойнуна алуусу үчүн ушундай абал түздү.
Бул абалдардын баары Петирге жагымсыз болгондугу шексиз. Андан сырткары Ыйса Петирдин текебердигин жана өзүн сүйүүчүлүгүн ачканда, Ал муну эл алдында жасаган. Петир Ыйсадан баш тартканда, өксөп ыйлоого туура келди. Петир азап чекти. Ал өзүнүн талкалануусунда жана анын Кудайга болгон ишеними жетишсиз экендигин түшүнүүдө сооронучсуз болду.
Эгер биз Кудайга эмес, башка бир нерсеге таянсак, эгер Кудайды эмес, башка нерсени терең таанып жана көбүрөөк сүйсөк, анда биздин талкалануубуз элдин алдында боло турган абал түзүлүшү ыктымал.
Кудай бизди ар кандай жолдор менен талкалайт. Ал бардыгын убакыттын өтүшү менен биз Анын эркин так көрө баштагандай жасайт. А кээде Ал биз өзүбүз тандаган күнөөнүн жолу менен барганга жөн гана жол берет. Ал өзүбүз бардык нерседе чаташып калышыбызга жол берет.
Өзгөчө бул башкаларга каршы болгон күнөөгө тийиштүү болот. Мындай күнөөнүн дайыма бети ачылат. Порнографияга кызыккан же бузуктук менен иш кылган адам аягында, анын күнөөсү ачыкка чыкканда, азап тартат. Бирөөнүн акчасын жалган жол менен өзүмдүк кылып алган же аларды ысырап кылып, чачып жаткан адам эртеби же кечпи, түрмөгө түшөт. Мындай учурда Кудайга атайын абалды түзүүнүн кереги жок — адам өзүнө өзү жыгылуу даярдайт.
Мен өз аялынын көзүнө катчы кыз менен чөп салып жүргөн бир эркекти билем. Баары ачыкка чыкканда, анын айласы кетти. Бул адам абалды, сезимдерди, карьералык өсүүнү — баарын көзөмөлгө алып жүрүп, көнүп калган. Өзүнүн өмүрүнүн үстүнөн абсолюттук башкарууга умтулуп жүрүп, ал аны курчаган башка адамдарды тебелеп, аларды өзүнүн керт башынын кызыкчылыгы үчүн колдонгон. Бирок, күтүлбөгөн жерден ал болуп жаткан нерсенин үстүнөн болгон бардык башкарууну жоготту. Көз алдында анын бүт жашоосу кыйрады.
Кудай бул адамдын жашоосунда иштеди. Эми ал өзүнүн сексуалдык күнөөсү менен эле эмес, өз жашоосун башкарган адат менен да бирдеме кылуусуна туура келди. Ал Кудайдын эркине моюн сунгусу келген эмес. Анын талкалануусу элдин алдында болду — балким, анын башка адамдарды манипуляция кылып, аларды башкаргысы келген аракеттеринин баары башкаларга маалым болгондуктан ушундай болду.
Кудай бизди талкалай турган абалдарды түзөбү же биздин өзүбүзгө өзүбүздү талкалаганга алып бара турган жолубузду улантууга жол береби, биз баары бир: “Макул, Теңир. Мен баарын Сен айткандай кылам”, — дей турган абалдабыз.
КУДАЙ ТАЛКАЛООНУН КАРАЖАТЫН ӨЗҮ ТАНДАЙТ
Кудай биздин жашообуздагы талкалануу зарыл болгон жерлерине таамай мээлейт. Ал талкаланууга алып келе турган абалдарды караштырат. Кудай бизди эмнени жардамы менен талкалагысы келсе, ошол каражаттарды да тандайт.
Талкалануубуз жүрүп жаткан абалдар бизге канчалык жакпагандай эле, бул каражаттар да ошончолук бизге жага бербейт.
Эгер Кудай мени сындыра турган каражатты өзүм тандай турган болсом, анда: “Теңирим, мага китеп бер жана эмнени мен түшүнүшүм керек болсо, ошол бетти көрсөтүп эле кой, мен баарын окуйм жана кабыл алам”, — демекмин. Бирок Кудай эмнегедир менин өмүрүмдө эч качан ушундай кылган жок.
Ал эле эмес, Кудай абдан тикенектүү эскертүүлөргө жана жалган айыптоолорго, ката жана терс ойлорго жана өз кызыкчылыгы үчүн абалды колдонууга аракет кылган адамдарга жол берди. Кудай кээде мага көтөрө алгыстай сезилген кыйынчылыктарды жана көйгөйлөрдү колдонду.
Кудай талкалануунун каражатын биз менен кеңешпей эле тандайт. Ал Өзү тандайт. Биз Кудайга бизди качан жана кантип талкалашына кеңеш бере албайбыз. Каражатты жана ыкмаларды тандоо Анын колунда. Бул таптакыр биздин бийлигибизде эмес.
Бир нече жыл бою Кудай менин бир таанышымдын жашоосунда талкалануу процессин жүргүзүп жатты. Бул үчүн Кудай массалык маалымат каражаттарын колдонду. Бул адамдын сөздөрү жана иштери дайыма бардык массалык маалымат каражаттарында талкууланды. Ал, жада калса, журналисттердин баары аны жок кылууну сүйлөшүп алса керек деп ойлоно баштады. Чындыгында, мунун баары мага Кудайдын иши болсо керек деп ойлойм. Текеберденип, менин таанышым мындай деп арызданды: “Мен үчүн бул гезиттер жана журналдар эмне болуп калыптыр? Алардын менин жашоомо киришүүгө эч кандай укугу жок жана менин сөздөрүмдү жана иштеримди эл алдында талкуулоого да укуктары жок”. Мындай ой жана кекирейгендик Кудайга жаккан жок.
Мен сиздин баарын түшүнүп жана: “Кудайым, мен — Сеникимин. Менин жашоомдо эмне гана болбосун, Сага гана таянам жана мага эмнени буйрук кылсаң, ошонун баарын аткарам”, — деп айтууңуз үчүн, сиздин жашооңузда Кудай кандай каражатты колдоноорун билбейм. Мен болгону бекем ишеним менен төмөндөгүдөй айта алам: Анын куралы дайыма курчутулган, ал оору алып келет, бирок андан кача албайсың. Сиз андан бурулуп кете албайсыз. Сизге Кудай өзгөрткүсү келген жашооңуздагы сферада бир нерсе кылууңузга туура келет. Сиз жана сиздин Кудайга толугу менен таянууңуздун ортосунда турган тоскоолдукту айланып өтүүгө мүмкүн эмес.
Өлүм ушундай каражат болуп саналабы?
Эми жакшылап көңүл буруңуз. Мен сиздин көңүлүңүздү бурдуруу үчүн Кудай сиздин сүйүктүү адамыңызды — жолдошуңузду же балаңызды — алып коет деп так айта албайм. Мен бирөөлөр Кудайга тил алып баштоосу үчүн, Ал башкаларды өмүрүнөн ажыратат дегенге ишенбейм. Кээ бир учурда жакын кишисинин өлүмү адамды Кудайга жакындатат. Бирок мен Кудайдын кимдир-бирөө акыр-аягында Анын эркине өз эркин багынтышы үчүн, башка бирөөгө өлүм жөнөтө турганына ишенбейм. Эмне үчүн? Себеби Кудай ар бир адамды сүйөт! Ага бир адамдын жашоосуна бата келиши үчүн башка адамдын жашоосуна кыйынчылыкка жол берүүсүнүн кереги жок.
Мындан сырткары, өлүм шайтандын акыркы соккусу болуп саналат. Так ошол өлүм алып келет. Кудай өлүмгө жол береби? Ооба, бирок ал Адам менен Обонун мезгилинен бери жер бетинде калган каргыштын бир бөлүгү. Ыйык Жазуу, өлүм — бул ар бир адам көрө турган нерсе — деп айтат (Эвр.9:27кара). Ошол эле учурда Кудай өлүмдүн демилгечиси эмес. Ал — өлүмдөн кутулта турган Кудай. Ыйса жок кылуучу эмес, Ал — биздин Куткаруучубуз. Ошондуктан Ыйса Машайакка ишенүүчүлөр өлүмдү каргыш катары кабыл алышпайт. Өлүм, бул — Кудай түбөлүк болгон жерге өтүү. Жакын адамыбыздын өлүмү, албетте, биздин жүрөгүбүздү оорутат. Анткени өлүм бизди сүйүү аркылуу бириккен адамыбыздан ажыратат эмеспи. Бирок өлүм — машайакчы үчүн аягы эмес. Убагында биз сүйгөн жана кайсы-бир убакта жоготкон адмдарыбызды көрөбүз жана түбөлүккө алар менен бирге болобуз. Себеби Ыйса — өлүмдүн Жеңүүчүсү. Анын өлгөндөрдүн арасынан тирилүүсү биздин тирилүүбүзгө да жол ачты.
Демек, мен бизди талкалоо үчүн Кудай башка адамдарга өлүм жөнөтө турганына ишенбейм. Бирок, мен Ал кээде биз үчүн баалуу болгон нерседен, мисалы, кайсы-бир адам менен болгон достуктан ажырата турганына ишенем. Мындай жоготуу дайыма талкалануунун башталышы болуп калат.
Күнөө ушундай каражат болуп саналабы?
Кудай биздин жакындарыбызга өлүмдү жиберүү менен бизди оңдой турганына ишенбегендей эле, мен кимдир-бирөөнү күнөөгө түртүү менен Кудай бизди акылга келтирээрине ишенбейм. Мисалы, мен жаш жигитти же анын ата-энесин талкалоо үчүн, аны баңгизаттарга түрттү деп эч качан айтпайм. Кудай күнөөнүн демилгечиси эмес. Ал бизди күнөө менен сынабайт — муну шайтан кылат. Кудай бизди күнөө жасаганга мажбурлабайт — биздин өз эркибиз бар, биз же азгырылабыз, же ага каршы турабыз.
Ошол эле учурда, Кудай биздин жана жакындарыбыздын алсыздыктарын, күнөөлөрүн жана тил албастыктарын колдонуп, биздин жашообузду жакшы жакка бурат. Ар бир абалды Ал биздин рухий өсүүбүз үчүн колдонот.
Биздин талкалануубуз айланадагыларга таасирин тийгизет
Биздин жашообуз, демек, талкалануубуз да элдин арасында боло тургандыгын эске тутуубуз керек. Талкалануу эч ким жашабаган аралда жашагандай абалда болбойт. Кудай бизди талкалаганда, бул айландагыларга да таасирин тийгизет. Ушуга ылайык, биздин жакындарыбыздын талкалануусу бизге да таасирин тийгизиши мүмкүн.
Эгер, мисалы, Кудай Ага караганда жумушун көбүрөөк сүйгөн адамды бизнестеги проблема аркылуу талкалай турган болсо, анда бул, сөзсүз түрдө ал адамдын үй-бүлөсүнө да таасирин тийгизет. Мындай адамдын аялы, балдары анын талкалануу процессине түзмө-түз катышышпайт. Бирок Кудай сөзсүз түрдө ал абалды алардын да жашоосу өзгөрүшү үчүн колдонот. Талкалануу процессинде максатсыз эч нерсе болбойт. Жакынынын талкалануусу таасир эткен ар бир адамга өзүнүн рухий абалын көргөнгө эң сонун мүмкүнчүлүк алат жана ал канчалык гармониялуу өсүп жатканын, канчалык Кудайга таянаарын баалай алат.
Мен биринчи бөлүмдө эмне тууралуу айтканым сиздин эсиңизде чыгаар. Кудай бизди Анын катаал жана таш боор болгондугунан талкалабайт. Кудай бизди талкалоодо бизге атайын зыян же оору алып келүү каалоосу менен жетектелбейт. Кудай биздин көңүлүбүздү бурдуруу үчүн жана Ал биз үчүн белгилеп койгон нерсеге жете албай жаткан биздин жашообуздагы сфераларга таасир этүү үчүн талкалайт.
Биздин душмандар биздин талкалануубуздун куралы болуп калышы мүмкүн
Мүмкүн, биздин талкалануубуз үчүн Кудай колдонгон эң жагымсыз “курал” болуп биздин душмандар боло алат. Ооба, кээде Кудай куугунтукту колдонуусу мүмкүн. Ал биздин толук көңүл буруубузду жана Ага болгон толук тил алчаактыгыбызды көргөнгө чейин, биздин душмандар бизди куугунтуктап, бизди кысымга алышына жол берет.
Биз душмандарыбыз бизге чабуул кылбасын деп сыйынабыз. Биз: “Кудайым, мени менен эмне болуп жатат? Эмне үчүн мени менин душмандарымдан куткарбайсың?”, — деп кайрылабыз. А Кудай бизди Ага таяна турган абалга алып келүү үчүн бул куугунтуктарга жол берет.
Эгер кимдир-бирөө сизди дайыма кыжырдантса, мезгил-мезгили менен шылдыңдап, сизге каршы болсо, сиз менен чатакташып же сиз жөнүндө ушак таратса, анда Кудайдан: “Теңирим, Сен мени эмнеге үйрөткүң келип жатат? Мендеги эмнени өзгөрткүң келип жатканыңды мага көрсөтчү”, — деп сураңыз.
Көп учурда Кудай биздеги эмнени өзгөрткүсү келгенин, Ал бизди эмнеге үйрөткүсү келгенин бат эле ачып берет. Кудай биздин душмандарыбызга эмес, бизге, биз укканга чейин тыкылдатканга аракет кылып жатканын түшүнүү керек! Кудай сиздин жашооңузда эмнени талкалаганга аракет кылып жатканын түшүнөөр замат, сиздин бардык душмандарыңыз сизден чегинээрине ишенсеңиз болот.
Бирок, бул нерсеге көңүл буруңузчу деп суранат элем: мен биздин душмандар дайыма күнөөсүз, туура деп айткым келбейт. Алар бизге жана Кудайга каршы иш кылышы мүмкүн. Ошондой эле биздин душмандарыбызды кабыл албообуз - табияттан сырткаркы жана орунсуз деп да айткым келбейт. Мен айта турган нерсе, Кудай биздин жашообузда жакшы бирдеме пайда болуусу үчүн, талкалоонун каражаты катары, жада калса, биздин душмандарыбызды да колдонот. Кудай буга жетишээр замат, Анын көңүлү биздин душмандарыбызга бурулат. Кудай, эгер керек болсо, биздин душмандарыбыздан сөзсүз өч ала турганына ишенсек болот (Рим.12:19 кара).
Биздин үй-бүлөбүз бизди талкалоонун каражаты болуусу мүмкүн
Үй-бүлө — бул бизди Ыйса Машайакка окшоштуруу үчүн Кудай колдонгон, биз үчүн абдан оор болгон каражаттардын бири. Бизди тазалоо жана оңдоо үчүн Кудай аялыбызды же күйөөбүздү колдонгону бизге жакпайт. Өз балдарыбыз биздин кемчиликтерибизди көрсөткөндө же өздөрүнүн тил албастыгы аркылуу биздин Теңирге тил албай жатканыбызга көзүбүздү ачканы бизге жакпайт.
КУДАЙ ТААСИР КЫЛУУ КҮЧҮН КӨЗӨМӨЛДӨЙТ
Кудай Өзү максатты белгилейт, абалдарды караштырат жана бизди талкалоо үчүн каражатты тандайт. Бирок Ал бул каражаттын бизге таасир эте турган күчүн да башкарып турат. Кудай биздин кандай оордукту көтөрө ала турганыбызды абдан жакшы билет. Ал бизди талкалоо үчүн керектүү жана жетиштүү басымдын өлчөмүн билет.
Кудай талкалануунун чегин белгилейт. Талкалануу созула турган убакыттын чегин жана биз башыбыздан өткөрө турган оору жана кыйноолордун чегин белгилейт. Ооба, Кудай биздин жашообузга жол берилген азап чегүүлөрдүн өлчөмүн аныктайт.
Кудай төмөнкү эки шарттын бирөө аткарылганда талкалануу процессин бүтүрөт:
Биринчиси: биздин эркибиз сынат жана биз Кудайга баш ийебиз. Эгер биз өз эркибизди толугу менен Кудайдын эркине баш ийдирсек, бардык абал өзгөрүлүп баштайт жана Ал бизге эмне аркылуу таасир эткен болсо, ошол нерсе биздин жашоодон алынып ташталат.
Экинчиси: таасир этүү таптакыр кыйратып сала тургандай болот жана бизге карата Кудайдын ойлорунун аткарылуусуна тоскоол болушу мүмкүн. Кудай биз үчүн Ал алдын-ала даярдап койгон кызматты аткара албай кала турган деңгээлге чейин бизди талкалабайт. Бул тескери жыйынтыкка алып келмек. Кудай бизди жок кылууну эмес, бизди бир нерсеге үйрөтүүнү жана даярдоону каалайт.
Кудайга каршы туруу, болгону, талкалануу процессин создуктурат
Эгер биз Кудай талкалагысы келген маалда Ага каршы турсак, бул биздин абалыбызды ого бетер татаалдаштырат. Тескерисинче — биз Кудайдын эркине моюн сунсак, талкалануу процесси батыраак бүтөт. Ушундай жол менен биз бул процесстин созулушуна таасир эте алабыз. Эмнени талкалоо керектигин биз аныктай албайбыз, жашоо абалдарын биз түзбөйбүз жана талкалануу каражатын биз тандабайбыз. Бирок биз таасир кылуу күчүнө жана анын узактыгына таасир эте алабыз. Кантип? Кудайга баш ийүүнү каалообуз менен же каалабагандыгыбыз менен. Кудай биздин жашообузда эмне кылгысы келгенин канчалык батыраак түшүнсөк, биз үчүн ошончолук жакшы.
Биз талкаланууга каршы турган сайын, Кудай бизге таасир кылуусун күчөтүүгө туура келет.
Эгер адам узак убакыт бою Кудайга каршы турса, ал өлбөйт, болгону ал четте калат. Аны башкалар байкабай калат. Ага эч ким муктаж болбой калат. Анын руханий өсүүсү токтойт. Коркунучтуу абалда кала берет.
Бир жолу бир аял мага мындай сөздөр менен кайрылды:
— Кудай мени кызматта чындап колдонгондон бери көп жылдар өттү. Мурун мен жыйында активдүү болчумун, бирок акыркы убакта мен эч нерсе кылбай калдым. Теңир менин кызмат кылуумду каалайбы?
Мен андан сурадым:
— Акыркы жолу сиз Кудай сиздин жашооңуздагы бир нерсени өзгөртүүгө аракет кылып жатканын качан чындап сездиңиз эле?
Ал мындай жооп берди:
— О, мен Теңир качандыр-бир убакта муну жасаганга аракет кылганын деле билбейм.
Мен суроомду уланттым:
— Сиздин жашооңузда сезим жактан, руханий же денелик жактан олуттуу маселелердин айынан эми эмне кылаарыңызды билбей калган учурлар болду беле?
Ал мындай деди:
— Ооба, бирок мунун баары өтүп кетти — убакыт айыктырат эмеспи.
Анда мен сурадым:
— Бул маселелерден кийин сиздин жашооңузда жок дегенде бир нерсе өзгөрүлдүбү?
— Жок, — деп жооп берди ал. — Мен абдан бекем адаммын. Мен эч нерсени өзгөрткөн жокмун — менин эрежемде мындай нерсе жок.
Ошондо мен ага айттым:
— Мүмкүн, көйгөйдүн баары ушундадыр. Кудай түрткү берип, сизге көрсөткөн руханий жолду көрүп жана кабыл алмайынча, Ал сизге эч кандай кызматты ишенип тапшырбайт. Кудай сизди ушунчалык сүйгөндүктөн, сиздин өзгөрүлгөнүңүздү каалайт. Ал сиздин өзгөрүлүп, Ыйса Машайакка окшошконуңузду каалайт. Кудай сизге улуу келечекти даярдап койгон, бирок сиз өсүүгө жана өзгөрүүгө каршы турсаңыз, Ал сиздин жашооңузга болгон Өзүнүн каалоолорун ишке ашыра албайт.
Талкаланган, бирок жок кылынган жок
Бизди талкалоо менен Кудай биздин рухубузду эмес, эркибизди сындыргысы келет. Анын максаты — бизди жок кылуу эмес, бирок айыгууга жана руханий жетилүүгө алып келүү. Кудай биздин өз жашообуздун үстүнөн башкарууну Ага тапшыруубузду каалайт.
Мен ойлойм, Петир өз жашоосун башкаруудан баш тартууну баарынан аз каалаган болсо керек. Ал анын бутун жууш керекпи же жокпу, өзү чечкиси келген. Ал Ыйсанын чындап эле суунун үстүндө басып келе жатканына өзү ынангысы келген. Ал Ыйсанын кантип Өзүн элге Машайак катары жарыялаш керектигин баарынан жакшы билем деп эсептеген.
Биз баарыбыз Петирге окшошпуз. Биздин ар бирибиз бүт күчүбүз менен бийликти колубузга алгыбыз келет. Биз дайыма акыркы сөз биздики болушун каалайбыз. Талкалануу процесси аркылуу Кудай бизди өзүбүздүн шартыбызды койбой калганга чейин, тескерисинче: “Теңир Ыйса, мен эмне кылуум керек?” — деп айтып калганга чейин жетелейт.
Петир Ыйсага: “Ооба, мен Сен эмнени буюрсаң, баарын жасайм; ким бол десең, ошол болом. Мен баарын Сага берем”, — деп чын жүрөгү менен айтканга чейин, үч жыл убакыт талап кылынды.
Ыйса айкаш жыгачка кагылгандан кийин Петир кайра балык уулоого кетти. Ыйса аны деңиздин жээгинен тапты. Ал Петирден: “Петир, сен Мени сүйөсүңбү?” — деп сурады.
Ыйса бул суроону Петирге үч жолу берди, Петир үч жолу: “Ооба, Теңир, Сен менин Сени сүйөөрүмдү билесиң!” — деп жооп берди.
Ыйса Петирге өзгөчө нерсени аткарууну: “койлор” үчүн, башкача айтканда, Өзүнүн аркасынан ээрчиген, кайтаруучуга муктаждар үчүн кам көрүүнү тапшырды. Акыр-аягында Петир Машайактын эркине моюн сунду. Теңир ага өзгөчө кызмат белек кылды, ал эми Элүүнчү күн майрамында бул кызмат үчүн күчтү да берди.
Петир кийинчерээк эмне деп жазганын угуп көргүлө: “...Кудай текеберлерге каршы турат, а момундарга ырайым кылат...” (1 Петир 5:5). Ал өз катында бул сөздөрдү Накыл сөздөр китебинен алып, жазган (Нак.сөз. 3:34 кара). Петир бул сөздөрдүн маанисин жакшы түшүнгөн.
Белгисиз автордун төмөнкү ыр саптары Петирге жана сиз менен мага таандык талкалануу процесси жөнүндө айтат:
Кудай бизди талкалануу процессине катыштыруусу менен адашпайт. Ал биздин жашообуздун кайсы сферасы өзгөрүүгө муктаж экендигин так билет. Ал бизди талкалоо үчүн кандай абал керек экендигин жана бул үчүн кандай каражатты колдонууну билет. Ал биз канча сыноону көтөрө ала турганыбызды да билет. Ал бизди жеткилеңдикке жеткирүүнү каалайт.
Кудай дайыма биз үчүн эң мыкты нерсени жасоону каалагандыгы — бул жакшы кабар. Биз болгону, Ага муну жасоого жол беришибиз керек.
8-бөлүм. БИЗДИН ТАЛКАЛАНУУГА КАРШЫ ЧЫГУУБУЗ
Бүгүнкү күндө көпчүлүк адамдарга Кудайдан жашырынууга, Анын буйруктарын кабыл албай коюуга, Анын чакырыгына каршы турууга жана өзү каалагандай жашоого мүмкүндөй сезилет. Мындай адамдар күнөө жасоону улантып, Кудайдын жазасынан качууга болот деп ойлошот. Бирок алар жаңылышат.
Кудайга каршы болгон козголоң үчүн баа төлөгөнгө туура келет.
Каршы чыгуучу рух каршы чыгуучу марштарга жана террористтик иштерге катышкандарды гана, же үйдөн качып кеткендерди гана курчабайт. Биздин ар бирибизде ар кандай болуп көрүнгөн козголоңчу жашайт. Биздин ар бирибизде багынгыбыз келбеген, моюн сунгубуз келбеген жана азап чегүүнү баштан өткөргүбүз келбеген учурлар болот. Бул биздеги козголоңчулдуктун булагы Кудайга каршы турат.
Жунус пайгамбар Кудайдын эркине каршы чыгууну чечип, Кудайдын буйругун аткарбай койду.
Кудай Жунусту Нинебиге барып, ал жердин тургундарын мыйзамсыз иштери үчүн ашкерелөөгө чакырганда, Жунус Жапага кетип калды жана Нинебиден төрт миң чакырым алыста жайгашкан, таптакыр башка жакта жайгашкан шаар Таршышка бара турган кемеге түштү (Жун. 1:1–3 кара).
Жунус Кудайдын буйругун аткаргысы келбей, качууга жана Кудайдан жашынууга аракет кылды. Бирок бул тактика Жунуска жардам бере алган жок. Ал сиз экөөбүзгө да жардам бере албайт.
КУДАЙДАН КАЧУУГА МҮМКҮНБҮ?
Кудайдан качууга аракеттердин баары натыйжасыз экенин элестетип гана көрүңүзчү. Бардык нерсе — жандуулар жана жансыздар, жер бетиндеги жана ааламдагы болгон нерсенин баары Анын көз алдында ачык болсо, Андан кантип жашырынууга болот? Акыл менен таразалап, ой жүгүртө албаган адам гана Анын жүзүнөн жашынууга аракет кылат. Кудайдан ушинтип качуу чындыгында, өзүнөн өзү качууга аракет кылганга барабар. Бирок качып, бирок тирүү калуу мүмкүн эмес.
Кудай белгилүү бир шартты жана абалды түзүү менен, Өзүнүн кучагына бизди бекем кысып баштаганда, биз көп учурда суурулуп чыгууга аракет кылабыз. Биз баарыбыз Жунуска окшошуп калабыз. Мүмкүн, бизди Нинебиге чакырбайттыр, бирок, талкалануу учурундагы биздин биринчи реакциябыз — Кудайдын чакырыгына макул болбоо жана каршы туруу. Ошол замат биз качканга жол издеп баштайбыз.
Жунус менен болгон окуя кандай болду эле. Нинеби ошол учурдагы эң чоң шаарлардын бири болгон жана Иерусалимдин түндүк-чыгышында, миңдеген километр аралыкта жайгашкан. Ашур мамлекетинин борбору болгон Нинеби өзүнүн кооздугу, улуулугу жана кудурети менен даңкталып турган. Анын тургундары коркунучтуу, эр жүрөк аскерлер болушкан, алардын колуна түшүү коркунучтуу эле, себеи алар туткундарга аябай катаал мамиле жасашкан. Жунустун убагында ашурлуктар аларды курчаган бардык өлкөлөрдү жана элдерди өтө тездик менен басып алып башташкан. Ысрайылдыктардын да аларга кул болуусун болгону, убакыт көрсөтмөк. Жунус бул тууралуу билген, ошондуктан ага нинебиликтердин күнөөлөрү үчүн боло турган Кудайдын жазасы жөнүндө аларга кабарлоого болгон Кудайдын чакырыгына жооп берүү оңой эмес болду.
Так айтканда, Кудай Жунусту анын душмандарына барып, алардын арасында тобо кылууну жарыялоосун сурады. Бирок Жунус нинебиликтердин куткарылышын эмес, жок болушун каалачу (Жун. 4:1–3 кара).
Жунуска Нинебиге барып, өзүнүн душмандарына тобо кылуу тууралуу айтып, Кудайдын каарынан куткарылууну күбөлөндүргөндөн көрө, өлгөн артыгыраак болду. Жунус ашурлуктарды ушунчалык жек көргөндүктөн, Кудайга ачык эле баш ийбестен, өлүүнү чечти. Ошентип, Жунус азыркы Испаниянын аймагында жайгашкан Таршышка баруу үчүн Жапада билет сатып алды.
А сизчи? Сиз: “Теңир, муну мен жасабайм” же “Теңир муну мен сөзсүз жасайм, бирок азыр эмес, кийинчерээк”, — деп жооп бергидей кылып, Кудай сизден бир нерсе сурады беле? Кээде биздин каршылыгыбыз мындай сөздөр менен айтылат: “Теңир, Сен менден эмне сураганыңды түшүндүм, бирок мен муну башкача кылса жакшыраак болот го ойлойм”. Кудайга ошол замат жана эч кандай сөз жок баш ийүүнү каалаганга чейин, биз каршылык көрсөтүү абалында кала беребиз.
КУДАЙ КОЗГОЛОҢЧУЛУККА ОШОЛ ЗАМАТ ЖООП КАЙТАРАТ
Биздин бардык тил албастыгыбызга Кудай тез арада жооп кылат. Ал биздин жашообуга Жунуска жөнөткөндөй катуу бороон жөнөтөт. Жунус Таршышты көздөй жөнөөр замат, деңизде катуу толкун башталды жана Жунус ичинде болгон кеме чөгө баштады. Кемени сактап калуу үчүн кеменин башчысы бүт жүктү деңизге ыргыта баштады. А Жунус болсо бул убакта кеменин ылдый жагына түшүп, уктап калган эле. Ал жөн гана Кудайдан качкан жок, ал Ага такыр көңүл бурбоого аракет кылды.
Аягында кеменин башчысы Жунусту ойготуп, андан: “Сен эмне уктап жатасың? Тур, өз Кудайыңды чакыр, балким, Кудай бизди эске алып, өлбөй калаарбыз”, — деп сурады (Жун. 1:6). Бирок Жунус Кудайга бир нерсе шыбырап да койгон жок. Толкун күчөгөндөн күчөдү.
Биз Кудайга каршы козголоң көтөргөнүбүздө, айландагыларда биздин эмне кылып жатканыбыз тууралуу суроолор пайда болот. Эгер мындай нерсе сизде болуп жаткан болсо, сиздин абалыңыздын коркунучтуу экендиги тууралуу эскерткиси келип, сурап жаткандарга кулак төшөңүз!
Жакын арада мен бир адамдын окуясын, — анын атын Жон деп коелу, — аялы өлгөндөн кийин, эки жолу ажырашкан жана эки никесиз төрөлгөн баласы бар аял менен жолугушуп баштагандыгын уктум. Ал аял башкаларга анча жакшы эмес жана абийирсиз болуп көрүнгөн. Алар канчалык көбүрөөк жолугушкан сайын, алардын мамилеси канчалык жакын болгон сайын, ошончолук Жондун достору жана туугандары ага: “Бизди уксаң, силер бири-бириңерге тең эмессиңер”, — деп айтышкан. Бирок, ал эч нерсени уккусу келген жок.
Бир жолу ал аял Жондон ага болгон сүйүүсүнүн далили катары, анын атына өзүнүн үйүн бүт мүлкү менен өткөрүп, жаздырып берүүсүн талап кылган. Жон мындай кылуудан баш тартканда, аял ага кыйкыра баштаган. Андан кийин муштуму менен ургулап баштаган, Жон өзүнүн сүйүктүүсүнүн соккусун тосуу менен, анын ачуусун басып, аны тынчтандыргысы келген. Жыйынтыгында ал аялдын колдору көк-ала болуп калган. Ал ошол замат полицияны чакырган жана Жонду денесине залал келтиргендиги үчүн камакка алышкан.
Бул, акырында, аны өз сезимине келтирген. Кийинчерээк ал: “Мен бул аял менен эч кандай байланыш түзбө деп кеңеш берген Кудайга каршы турдум. Мен отуз жыл бою сүйгөн жана өзүмдү анын жанында бактылуу сезген аялымдан ажырагандыктан Кудайга ачуум келген болчу. Мен досторумдун жана туугандарымдын кеңештерине жана эскертүүлөрүнө кулак салган жокмун. Мага булардын баары үчүн баа төлөгөнгө туура келди”, — деп мойнуна алды.
Бактыга жараша, ал өзүнүн моюн сунбагандыгы үчүн тобо кылды, ал жана анын балдары тил албастыктын натыйжасында боло турган оор жүктү көтөрүшкөн жок.
Жунустун башынан өтүп жаткан нерселер да тегиз болгон жок. Кемедегилердин баары бороон алардын ичинен кимдир-бирөөнү жазалоо үчүн болуп жатат деген жыйынтыкка келишти. Ким экендигин билүү үчүн, алар өкчөмө таш ыргытышты. Мүмкүн, алар капка бир нече ачык түстөгү ташты жана бир кара ташты салышса керек. Ар бири карабастан туруп, бир ташты сууруп чыгуусу керек эле, кимге кара таш түшсө, бул табигый кырсыктын күнөөкөрү болуп чыкмак. Силер билгендей, кара таш Жунуска туш келди, ошол замат андан: “Сен кимсиң?” — деп сурашты.
Жунус баарын айтып берди: “Мен эвреймин, деңизди жана кургактыкты жараткан асмандагы Кудай-Теңирди урматтайм” (Жун.1:9). Анын эмне кылганы тууралуу сурашканда, Жунус Теңирдин жүзүнөн качып бара жатканын мойнуна алды.
Корккон моряктар: “Деңиз тынчышы үчүн, биз сени эмне кылышыбыз керек?” — деп, Жунустан сурашты. Жунус аларга мындай деди: “Мени алып, деңизге ыргыткыла. Ошондо деңиз тынчыйт, анткени бул катуу бороон менин айымдан болуп жатканын билем” (Жун. 1:8–12 кара). Катуу бороон жана жаалдуу шамалга карабай, Жунус душмандарга тобо кылууну жарыялагандан көрө, өлгөн жакшы деп, өзүнүкүнөн кайтпай турду.
Кемедегилер Жунустун берген кеңеши боюнча жасагылары келген жок. Алар жээкке жетүүгө аракет кылышты, бирок деңиздеги катуу шамал күчөдү. Аягында алар Теңирди чакырышты, Андан алардын жасаганын күнөө катары эсептебөөсүн суранышты. Ушундай сөздөр менен Жунусту кемеден деңизге ыргытышты.
Деңизде, биз Ыйык Китептен окугандай, Жунусту Кудай тарабынан жиберилген чоң жаныбар күтүп жаткан. Мен бул кандай жаныбар экенин билбейм. Балким, ал кандайдыр-бир кит болушу мүмкүн, анткени киттин кээ бир түрлөрү адамды эле эмес, чоң кайыкты да жутуп ала алышмак. Акыры, Кудай ошол зор жаныбар Жунусту жутуп ала тургандай кылды. Кудай Жунус ушул жаныбардын ичинде тирүү калышына жол берди. Жунус канчалык өлгөнгө аракет кылбасын, эч пайда чыккан жок. Кудай Жунустун алдына белгилүү максат койгон, бирок ал максатка жетпей калган. Кудай Жунусту өлтүрүүнү эмес, талкалоого аракет кылган. Ал пайгамбардын өлүмүн каалаган эмес. Нинебинин тургундары Жунустун насаат сөзүн угушу үчүн, ал Кудайга тирүү бойдон керек эле!
Бул чоң киттин ичинде үч күн жана үч түн өткөргөндөн кийин, Жунус Теңирге жалына баштады. Ал тобо кылуу сыйынуусу менен, өзүнүн алсыздыгын мойнуна алган адамдын сыйынуусу менен сыйынды. Жунус Кудайга өзүнүн ишин, башкача айтканда, пайгамбардык кызматын аткарам деп жарыялады (Жун. 2:1–10 кара).
Жунус Кудайга баш ийди. Ал толугу менен Теңирдин улуктугун кабыл алды. Ыйык Китепте жазылган: “Ошондо Теңир чоң балыкка буйрук кылды, ал Жунусту кургактыкка бүркүп чыгарды” (Жун.2:11)
Ошентип, Жунус Нинебге келди жана үч күн бою анын көчөлөрүндө: “...Кырк күндөн кийин Нинеби талкаланат!”, — деп жар салды (Жун.3:4).
Жунус Кудайдын сөзүн сүйүү жана боорукердик менен жеткирүүгө аракет кылган жок. Ал жөн гана тил алчаак аткаруучу болду. Ооба, ал өз эркин Кудайга моюн сундурду, бирок анын Нинебинин тургундарына болгон мамилеси ошол бойдон калды. Ал ачуу менен, эч кандай боор оорубастан, кайрымсыз түрдө айтып жатты. Ал Кудай ага буйрук кылган бардык нерсени аткарууга даяр эле, бирок жүрөгүнүн тереңинде ал душмандарынын тобо кылуусун каалаган жок. Ал туура сөздөрдү айтып жатты, бирок аны Кудайдын ырайымы жетектеген жок.
Жунустун эрки сынды жана Кудайга баш ийдирилди. Эми Теңир анын душмандарына болгон мамилесин өзгөртүүнү каалады.
Ошол убакта, Жунустун көңүлүн чөктүрүп, Нинебинин тургундары анын насаат сөзүнө өздөрүнүн мамилесин билдиришти. Алар Кудайга ишенип, ”чоңунан кичинесине чейин” тобо кылгандын белгиси катары зумбал кийип, орозо жарыялашты. Ал тургай Нинебинин падышасы да тагынан туруп, үстүндөгү падыша кийимин чечип, зумбал кийип, “күлгө отурду”. Ал эч ким эч нерсе жебесин жана ичпесин, бирок баары зумбал жамынып, Кудайга “ар бири өзүнүн жаман жолунан, зордук-зомбулук иштеринен баш тартуу үчүн кайрылсын. Ким билет, балким, Кудай боорукердик кылып, Өзүнүн бизге каршы жалындаган каарынан кайтаар, биз өлбөй калаарбыз”, — деп буйрук кылды (Жун. 3:8–9 кара).
Кудай нинебиликтерди Жунусту сындыруу үчүн курал катары колдонду. Бирок Кудай Жунусту да нинебиликтерди талкалоо үчүн ошондой эле курал кылып колдонду. Ошондой болсо да, Жунустан айырмаланып, нинебиликтер Кудайдын чакырыгына бат жооп беришти жана тобо кылышты. Жана биз мындай сөздөрдү окуйбуз: “Ошондо Кудай алардын иштерин, жаман жолдорунан бурулганын көрүп, аларга алаамат түшүрөм деп айткан сөзүнө өкүнүп, алаамат түшүргөн жок” (Жун.3:10).
Жунустун талкалануусу эмес, Нинебинин тургундарынын талкалануусу ишке ашты. Жунус мурдагысындай эле нинебиликтердин тобо кылып, өлбөй калганын билгенден көрө, батыраак өлүүнү каалап жатты. Жунус Кудайга жана Нинебинин тургундарына ачууланганын уланта берди. Кудай андан сурады: “Чыны менен эле, бул сени ушунчалык капаланттыбы?”
Жунус Кудайга эч кандай жооп берген жок, ал шаардын дубалынын сыртына чыгып, мындан кийин эмне болорун күтүп отурду. Жунустун жүрөгүн аягына чейин тыкылдатуу максатында, Кудай ага дагы сабак берүүнү чечти — Жунустун жанына жүзүм сабагы абдан бат өсүп чыкты, Жунус анын астында күндөн корголой алмак. Бирок эртеси таң атканда кандайдыр-бир курт чыгып, өсүмдүктүн тамырын жеп салды, өсүмдүк куурап калды. Күн чыгаар замат, чыгыштан шамал көтөрүлдү. Күн Жунустун башын ушунчалык күчтүү куйкалай баштады, Жунус эс-учун жоготуп койду. Бирок өсүмдүк үчүн Кудайга ыраазычылык айткандын жана Андан сабак алгандын ордуна, Жунус өзүнүкүн бербей: “Жашагандан көрө, өлгөнүм артык”, — дегенин уланта берди.
Кудай Жунустан: “Чыны менен эле, сен бул өсүмдүк үчүн ушунчалык капа болдуңбу?” — деп кайрадан сурады. Жунус: “Ооба, аябай капа болдум”, — деп жооп берди. (орусча Ыйык Китепте “өлөөрчө капа болдум” деп жазылган. Кот.эскер)
Жунустун Кудайга айтууну каалаган сөзү ушул гана болду. Андан ары биз андан эч кандай сөз укпайбыз. Жунустун окуясы Кудайдын: “Сен өзүң мээнет кылып өстүрбөгөн, бир түндө өсүп, бир түндө соолуп калган өсүмдүк үчүн өкүнүп жатасың. Анан Мен кантип оң колун сол колунан ажырата албаган жүз жыйырма миңден ашык адамы, көп сандаган малы бар улуу шаар Нинебини аябайын?” — деген сөздөрү менен аяктайт (Жун. 4:1–10)
Ыйык Китепте бул сөздөргө карата Жунустун жообу тууралуу эч нерсе айтылбайт. Биз мындан кийин Жунус кандай кызмат кылганы тууралуу билбейбиз. Кудай Жунусту Анын эркине толук баш иймейинче, колдоно алган жок. Жунус муну жасоону каалаган жок.
Бул окуя — жөн гана байыркы уламыш эмес. Бул окуя кайра-кайрадан көптөгөн адамдардын башынан өтүп жатат. Мен жакында эле Кудай насаат сөз айтууга чакырган адам тууралуу уктум. Бул адамдын чоң компанияда жакшы жумушу болгон жана ал өзүнүн чоң маяналуу жумушун калтырбастан эле, кээде-кээде насаат сөз айтууну чечти. Ал жыйынды эч кандай чыгымга учуратпайм, жыйын мага айлык төлөөсүнүн кереги жок болот деген сөздөр менен актанды. Ал жарым жартылай гана Кудайга баш ийди.
Ал адам жумушун да, үй-бүлөсүн да жоготту. Анын жашоосу көз алдында кыйрап калды. Аягында ал: “Мен Сен айткандай кылам, Кудайым”, — деди. Анан Кудай ага үй-бүлөсүн алып келди. Ал адам кырктан ашканда семинарияга окууга тапшырды жана насаат айта баштады. Эми айлыгы өтө аз экендигине карабай, мурда болуп көрбөгөндөй, өз жашоосуна ыраазы. Аны аялы жана балдары колдоп турушат. Ал өзү анын өмүрү мааниге ээ экендигин биринчи ирет сезип жаткандыгын мойнуна алат.
А сизчи, сиз Кудайга кантип жооп беребиз? Ал эми душмандарыңызгачы? Сиздин жеке пландарыңызга жана ойлоруңузга туура келбеген абалдарда кандай реакция кыласыз? Кудай биз Анын эркин аткарууну каалообузду жана Ага болгон мамилебизди өзгөртүүбүздү каалайт. Сиз ушуга даярсызбы?
АР БИР АДАМДЫН ЖАШООСУНДАГЫ КУДАЙДЫН ҮЧ ЧАКЫРЫГЫ
Ар бир адамга Кудай жок дегенде үч жолу кайрылат. Биринчи чакырык — адам күнөөсүнөн тобо кылып жана күнөө үчүн кун төлөгөн курмандык катары Ыйса Машайактын Голгофада төгүлгөн канын ишеним менен кабыл алып, куткарылуусу үчүн болгон чакырык.
Экинчи чакырык — ыйыкталууга же бардык күнөөлүү нерседен бөлүнүүгө болгон чакырык. Бул Кудайга толук берилүүгө болгон чакырык, ошонун негизинде күнөө адамдын үстүнөн үстөмдүк кыла албайт. Бул чакырык ишенүүчүнүн ичинде жашаган Ыйык Рухка эркиндик берет, Ага бизди жетектегенге жана ар кандай азгырыктарга каршы турууга жардам берүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Адам Кудайдан уга турган үчүнчү чакырык — бул кызмат кылууга болгон чакырык. Бул кызмат үйдө, жумушта, миссионердик уюмда же башка жерде болуусу мүмкүн. Кудайдын кызмат кылууга болгон чакыруусу дайыма жекече болот — Кудай адамдын бардык жөндөмдүүлүктөрүн жана таланттарын, Кудайга пайда алып келе турган каалоолорун жана жөндөмдөрүн эске алат.
Кээ бир адамдар Кудайдын куткарылууга болгон чакыруусуна каршы турушат. Алар Жакшы кабарды четке кагышат. Кудай аларды куткарылууга болгон чакырыгына жооп бермейинче, ыйыкталууга жана кызмат кылууга чакырбайт. Ошондуктан мындай адамдар үчүн Кудайдын чакырыгы дайыма токтобостон угула берет — Кудай аларды куткарылуу үчүн чакыруусун токтотпойт. Кудайдын аларды талкалоосунун максаты — алар өз күнөөлөрү үчүн тобо кылуусу жана өзүнүн Куткаруучусу катары Ыйса Машайакты кабыл алуусу.
Кээ бирөөлөр Кудайдын ыйыкталууга болгон чакырыгына каршы турушат. Алар Кудайдын кечиримин алышкан, руху жаңыланган, бирок алар Ыйык Рухтун жетегине баш ийүүдөн баш тартышат. Алар мурун кандай жашаса, ошондой жашоону уланткылары келет, Кудайдын адилеттиги менен эмес, дүйнөлүк жол менен жүрүүнү каалашат. Алар Машайакты өздөрүнүн Куткаруучусу катары кабыл алышканы менен, Аны Теңир катары ээрчүүнү чечишкен жок. Кудай алардын ыйыкталууга болгон чакырыкка жооп бермейинче, кызматка чакыра албайт. Кудай Ага жол бермейинче, алардын жашоолорунда тынбай иштейт. Кудайдын бардык аракети мындай адамдарды талкалап, аларды ыйыкталууга алып келүүгө жумшалган.
Кээ бир адамдар Кудайдын кызматка чакырганына жооп беришпейт. Алар Кудайдын: “Мен сенин муну жасооңду каалайм”, — дегенин угушат. Бирок алар: “Мен билем, бирок биринчи өз жумуштарымды бүтүрүшүм керек деп ойлойм”, — дешет. Мындай адамдар Кудайды алардын тандоосу да ошол эле максатты көздөп жатканына ынандыргысы келет.
Бир машайакчы аял мага бир жолу Кудайдын ага: “Сен иштебей эле кой. Сен үйдө балдарыңды тарбиялашың керек. Ооба, мүмкүн, алардын оюнчуктары аз болоттур, бирок алар энелик сүйүү жана кам көрүүнүн алдында чоңоюшат, алар туура тарбияланышат. Бул — Менин эрким”, — дегенин даана укканын айтты.
Ал мага айтты: “Мен Кудайга тил алгым келген жок. Мен Ага кызмат кылгым келди, бирок үйүмдө эмес. Эгер мен кандайдыр-бир жогорку кызматты аткарсам, менин балдарым мени сыйлашат жана алар да Кудайга кызмат кылууну каалаша тургандай сезилди. Дагы да мындай деп ойлодум, эгер кайсы-бир жерде иштесем, көп адамды Машайакка алып келе алам. Бирок баары башкача болуп чыкты. Менин балдарым менин козголоңчулдугумдун жемиштерин жыйнашты. Алар мектепте окуп жатышат, биз жолдошум экөөбүз алардын достору менен жеңил ойлуулукта убакыттарын өткөрүп жатканын көрүп жатабыз. Жана биз арты жакшылык менен бүтпөй калат го деп коркобуз. Мага жумушумду калтырууга туура келди, аягында, мен алар менен үйдө отурууну чечтим. Мен текке кеткен убакытты кайтарууга болбой турганын билем, бирок өз балдарымды жакшы тарбиялай алам деген үмүттөмүн”.
Белгилүү бир кызматка болгон Кудайдын чакырыгына каршы чыккандар башка нерседен чыныгы канааттанууну жана жашоонун маңызын табууга мүмкүн эмес экендигине ынанышат. Эгер биз Жунустан бир нерсени үйрөнүүнү кааласак, анда Жунустун жашоосу кубанычсыз болгонун түшүнүүбүз керек. Кудайга каршы чыгуу бакыт алып келбейт. Ал бир гана кайгы, депрессия, каар, ачуу жана көңүл калууну алып келет.
Эгер сиз качандыр-бир убакта Кудайдын чакырыгын уга турган болсоңуз, сиздин кандай гана сунуштарыңыз болбосун, алар Кудайдын ойлору менен эч кандай тең келбей тургандыгы эсиңизде болсун.
Кудай эч качан: “Сен муну жасаганды каалап жатасыңбы?”, — деп кызыккан эмес. Кудай менден эч качан: “ Сен мындай жасаш керек деп ойлоп жаткан жоксуңбу?” — деп сураган эмес. Ал эч качан: “Муну жасап койчу, суранам”, — деген эмес. Жок. Кудай дайыма түз эле бетке айтат. Ал айтат: “Мына муну Мен сенден каалайм”. Анын талаптары дайыма ачык жана өзгөрүлгүс.
БИЗДИН КАРШЫ ЧЫГУУБУЗДУН СЕБЕПТЕРИ
Биздин Кудайга тил алгыбыз келбегендигинин бир нече себептери бар.
Текебердик
Биздин каршы чыгуубуздун эң негизги себеби болуп биздин текебердигибиз болуп саналат. Биз өз каалаганыбыздай жасап, Кудайдын эркине каршы чыкканыбызда, биз бул аркылуу: “Мен Кудайга караганда мыкты билем”, — дейбиз.
Адам Кудайдын куткарылууга болгон чакырыгына каршы чыкканда, бул аркылуу ал төмөнкү ойду тастыктайт: “Теңир, мен кантип куткарылуу керек экендигин Сага караганда жакшы билем. Мен Ыйса Машайакка ишенүүгө караганда мыкты жолду билем. Мага Ыйса керек эмес болгон, түбөлүк өмүргө жеткире ала турган жол белгилүү”.
Адам Кудайдын ыйыкталууга болгон чакырыгына каршы чыкканда, бул аркылуу ал мындай дейт: “Теңир, мен бул дүйнөдө кантип жашоону жана кантип куткарылган бойдон калууну Сенден жакшы билем. Мен кантип чечим чыгарууну жана өз маселелеримди кантип чечүүнү билем. Чыныгы адилдик эмне экендиги мага белгилүү”.
Адам Кудайдын кызматка чакыруусуна каршы чыкканда, бул аркылуу ал: “Мен кайсы кызмат мага жакшы экендигин өзүм билем. Мен кантип ийгиликтүү жана таасирдүү болуу керектигин билем. Мен өзүм рухий келечегимди аныктай алам”, — дейт.
Бул учурлардын ар биринде адамдын айтканы туура эмес. Кудай түбөлүк өмүргө бара турган жалгыз жол — бул Ыйса Машайак экендигин көрсөткөн. Ыйса айткан: “Мен жол, чындык жана өмүрмүн...” (Жн. 14:6). Ал жолдордун биримин деген жок. Ал гана жалгыз жол экенин ачык айтты. Кудай бизди бир гана куткарылуу жолу менен камсыз кылып, тим болбостон, Ыйык Рухтун жардамы менен биздин ыйыкталуубузга, Анын алдында күнүмдүк өмүр сүрүүбүзгө жардам берет. Биз өзүбүз каалагандай жашоого аракет кылып, Кудайдын оңдоо ыкмаларына каршы турганыбызда, бул аркылуу текебердикти көрсөтөбүз.
Коркунуч
Биздин каршы чыгуубуздун экинчи себеби — бул коркунуч. Жунустун Нинебиге баруудан аябай коркуусу толугу менен мүмкүн. Бул шаардын тургундары жалган кудайларга табынышкан, эки жүздүүлүгү жана ырайымсыз таш боордугу менен таанымал болушкан. Алар абдан жүзү кара болушкан. Мүмкүн, Жунус жүйүт болуп туруп, бул шаардын көчөлөрүндө болуудан жана көп кудайларга ишенген Ысрайылдын душмандарына жалгыз чыныгы Кудай жөнүндө айтуудан корккондур. Ал Кудай нинебиликтерди аяп коет деп коркту. Ал, мүмкүн, Кудай Нинебинин тургундарына ырайым кылып, аларды Өзүнүн эли болгон Ысрайылды талкалоо үчүн колдонот деп корккондур.
Текебердик жана коркунуч — бул биздин Кудайга каршы чыгуубуздун эки негизги себеби.
Өзүңүзгө суроо берип көрүңүз: “Эмне үчүн мен Кудайдын эркине каршы чыгып жатам? Эмне үчүн Кудайга жакпаган нерсени калтырып, жашоомду өзгөрткүм келбейт?”
Сиз эмнеден коркосуз? Текебердиктин жардамы менен өз жашооңуздагы эмнени кармап турууга аракет кылып жатасыз?
Сидин жүрөгүңүздөгү текебердик жана коркунуч канчалык күчтүү болгон сайын, ошончолук Кудайга болгон каршылыгыңыз күчтүү болот.
Эрктин күчү
Көбүнчө текебердик күчтүү инсандарда болот. Алардын эрки күчтүү. Алар жөн гана сындоо сөздөрүн угуп эле эмес, коомдун четке кагуусун да баштан өткөрө алышат. Алар айланадагылардан сүйүү албастан да жашап өтүүсү мүмкүн. Мындай адамдар тоскоолдуктарга жана кризиске карабай алдыга кете беришет. Аларда эч нерсеге карабастан Кудайга каршы турууну улантуу үчүн, максатка умтулуучулук, тырышчаактык жана өзүнө ишенүүчүлүк жетиштүү.
Акылдын күчү
Башка козголоңчулар өзгөчө акылдуу. Алар абдан тез түшүнүүчү жана дайыма кантип максатка бат жетүүнү билишет. Алар кантип балээге кабылбоону, анын ичинде Кудайдын талкалоо процессине дагы учурабоону жакшы түшүнүшөт. Аларды Теңир канчалык катуураак баскан сайын, алар ошончолук өздөрүнүн “запастагы вариантын” кылдаттык менен иштеп чыгышат. Кудай эмне гана кылбасын, алардын жолу тоодогу ийри-буйру жолдорго окшош болсо да, өз жолдору менен жүрүүнү уланта беришет.
Бирок аягында, биздин ар бирибиз өз жашообузду өзүбүздүн акыл, сезимдик жана руханий жөндөмдүүлүктөрүбүз менен жетектөөбүздүн чегине жете турган учурубуз болот. Кээ бирөө үчүн бул өлүм алдында жаткан учурда болушу мүмкүн. Эч ким өлүмдөн кача албайт.
Кудай биздин текебердигибизди жана коркунучубузду моюнга алып, Ага: “Мен өз алдымча баарын териштире албайм. Менин чыныгы кубанычка, үмүткө жана канааттануу процессине карай жолдогу тоскоолдуктарды басып өтүүгө күчүм жетпейт. Теңирим, Сен мага керексиң. Мен толугу менен Сага таянам жана Сен мага чыныгы баалуу жана маанилүү нерсени берээриңе ишенем”, — деп айтуубузду каалайт.
КУДАЙГА КАРШЫ ЧЫГУУНУ АКТОО АРАКЕТТЕРИ
Убакыт өткөн сайын биздин ар бирибиз Кудайга каршы чыгуубуздун маанилүүлүгүн төмөндөтүүгө аракет кылабыз. Бизде болгон өз чечимдерибизди актоо үчүн көптөгөн жок шылтоолорду табабыз.
Бизде болгон жагымсыздыктар же баштан өткөргөн азап чегүүлөр үчүн биз кээде башкаларды айыптайбыз. Биз: “Эгер ал болбосо, мен бул кыйынчылык абалда эч качан болмок эмесмин. Эгер алар мени тартышпаса, анда мен мындай нерсеге туш болмок эмесмин” —дейбиз.
Кээде биз өтүп кеткен же азыркы болуп жаткан абалды күнөөлөйбүз. Биз: “Эх, менин эч кандай тандоом жок, анткени мен ушундай шартта чоңойгонмун жана башка эч нерсени билбейм! Кудай менин өткөн жашоомду билет, мен кандай кыла турганымды да билет”, — деп үшкүрө, терең дем алабыз.
Биз актануубузду, качуубузду жана Кудайга каршы туруубузду уланта беребиз. Адамдар дайыма актанып, бардыгы үчүн башкаларды айыптап жатканда, бул алардын талкалануу процессине каршы чыгууга аракет кылып, Кудайга каршы чыккандыгынын ачык белгиси.
Мен консультация алуу үчүн машайакчы болгон психотерапевтке барган бир аялды билем жана ал ага Ыйык Китепте эмне айтылганын көрсөткүсү келген ар бир учурда каршы чыга турган бир нерсени дайыма таба турган! Аягында ал жолугушууну улантуудан баш тартты. Ага психотерапевтттин айтканы жаккан жок. Чындыгында ал чындыкты уккусу келген жок. Ал бир гана аны угууларын каалады. Бул каршы чыгуу дегендин дал өзү.
Моюнга алып: “Мен Кудайга каршы чыгып жатам”, — деп айтуу туура. Биз өз абалыбызды канчалык батыраак мойнубузга алсак, өз маселебиздин чечилгенин ошончолук батыраак көрөбүз жана биздин азап чегүүлөрүбүз ошончолук батыраак бүтөт.
КУДАЙГА КАРШЫ ЧЫГУУНУН БААСЫ
Жунустун каршы туруусунун баасы кандай болду? Биз кандай нарк төлөсөк, ал деле ошондой төлөшү керек болду:
Үй-бүлөнү жоготуу. Жунуска өз элин калтырууга туура келди. Ал өз элинен төрт миң километр алыска кетүү үчүн билет сатып алды. Биздин Кудайга каршы чыгуубуз да ошондой эле натыйжаларга — биз кимди көбүрөөк сүйсөк, ошону менен болгон мамиледен ажыроого алып келет. Таршышка качып кетүүнү чечип, Жунус мындан сырткары дагы буларды башынан өткөрдү...
Жумуштан айрылуу. Жунустун кандай гана жумушу болбосун, ал чоочун өлкөдө жашоо үчүн аны калтырууну чечти.
Айлык акыдан айрылуу. Жумушун жоготуу менен Жунус маянасынан да айрылды. Бирок муну менен бирге ал дагы...
Бардык топтогон мүлкүн жоготту. Таршышка кеме менен болгон саякат Жунус үчүн шексиз түрдө абдан кымбатка турду. Матростор толкун болгондо кемеден болгон жүктү ыргыта башташканда, алар Жунуста болгон акыркы нерсени да ыргытып жиберишсе керек. Эгер Жунустун мүлкү сууга ыргытылбаса да, ал өзү ошол жакта болуп калды.
Бирок Жунус бир гана материалдык, көзгө көрүнгөн нерсени гана жоготкон жок. Ошондой эле ал...
Абийиринин кыйноосун башынан өткөрдү. Жунус Кудайдын эркине каршы чыгып жатканын даана билген.
Кудайдан бөлүнүү. Жунус өзү Кудай менен мамилелешүүдөн баш тартты.
Деңиздеги болгон толкун жана абдан чоң болгон киттин ичиндеги үч күн баштан аяк жанды түңүлткөн окуя болгон болуусу керек. Бул жаныбардын карынындагы жытты элестете аласызбы? А кычкылтектин жетишпестигинчи? Жунус акырындык менен боло турган өлүмгө кыйылган эле.
Анын бардык жоготуулары бири-бири менен байланыштуу болгон, бирок мындан сырткары Жунус сезген, ал...
Сезим кулчулугуна түшүп калганын билген. Ачуу, жек көрүү жана кайгы сезими биз үчүн дайыма тузак болот. Биз аларды айланадагыларга багыттаганда, өзүбүздүн жеке сезимдерибиздин барымтасына кармалган кишидей болуп калабыз. Кыжырдануу бизди ичибизден жейт. Ал биздин көз карашыбызды тосмолоп, бизди кубанычтан жана жашоону сүйүүдөн айрылтат. Кайгы сезими биздеги сүйүү жана сүйүктүү болуу жөндөмдүүлүгүн басат. Ачуу жана жек көрүү биздин ишенимибизди талкалайт. Жунус өтө күчтүү жандык дүрбөлөңгө кабылган адам болгон. Анын ичиндеги буркан-шаркан түшкөн сезимдери, аны Кудай тарабынан отургузулагн жүзүмдү жеген куртка окшоп, “жеген”. Алар аны тим эле “соолутушкан”.
Биз Жунустун үй-бүлөсү тууралуу эч нерсе билбесек да, биз анын каршылыгынан улам үй-бүлөсү да азап чекти деп божомолдой алабыз. Эгер биз Кудайга каршы чыксак, анда биздин үй-бүлөбүздүн мүчөлөрү жана биздин сүйүктүү адамдарыбыз да бул же тигил деңгээлде азап чегишет.
Кудайга каршы болуп, бирок ал үчүн баа төлөбөй коюу мүмкүн эмес. Эгер биз каршылыгыбызды уланта берсек, бир учурда Кудай бизге мындай дейт: “Мейли, сен каалагандай болсун. Бирок сен жеңилдиң”. Кудай жөн гана бизди өзүбүз тандаган ошол абалда калтырып коет.
Эгер биз Кудайдын куткарылууга болгон чакырыгына каршы болсок, биз ошол күнөөкөр абалыбызда — куткарылбаган бойдон кала беребиз.
Эгер биз Кудайдын ыйыкталууга болгон чакырыгына жооп бербесек, бизде эч нерсе өзгөрүлбөйт — биз азгырык жана күнөө менен, туура эмес тандоонун жана алды-артын ойлобогон алаңгазар чечимдердин натыйжалары менен ар дайым созулган күрөштө кала беребиз.
Эгер биз Кудайдын кызматка чакыруусун четке каксак, анда биз эч качан жашоонун маңызын таба албаган, канааттанбаган адам бойдон кала беребиз.
Кудайга каршы чыгуу биздин руханий өсүүбүздү токтотот. Ал бизди кыйратат жана бизге өзүбүздүн руханий потенциалыбызды иш жүзүндө көрсөтүүгө жол бербейт.
КАРШЫ ЧЫККАН АДАМ ҮЧҮН СЫЙЫНУУ
Биз кимдир-бирөө Кудайга каршы чыгып жатканын сезсек, биздин сыйынуубуз төмөнкүдөй болуусу керек: “Кудайым, бул адам Сага жалынып кайрылуусу үчүн канча керек болсо ошончо проблема бер”. Бул адамды жаралоо үчүн же анын бүт өмүрүн калыбына келбей тургандай кыйратуу үчүн болгон сураныч эмес. Кудай муну каалабайт. Биз дагы мындайды каалабашыбыз керек. Бирок биз Кудай ал адамдын эркин талкалап, Кудайга тил алуусу үчүн керектүү шарттарды караштырсын деп сыйынуубуз керек. Мындай сураныч ал адам үчүн жакшылыкка болот, ошондуктан биз ушундай сыйынуу менен сыйына алабыз.
Биз өткөн жашообузда бизге оору алып келгендиги үчүн Кудай кимдир-бирөөнү жазалоосун сурап, сыйынбайбыз. Биздин сыйынуубуз — бул өч алуу эмес. Талкалоо үчүн болгон биздин сыйынуубуз — ал адам улуу батага ээ болуусу жөнүндөгү сураныч!
Эгер адам талкалануу абалында болсо, биз ага жардам берүүгө, аны сооротууга же оорунун булагын алып салууга аракет кылууга шашпообуз керек! Анткени биз Кудайдын жолуна туруп алуубуз мүмкүн! Биз мындай сыйынуубуз керек: “Кудайым, Сен биз көтөрө алгандан көп болгон сыноолорду бербей тургандыгыңды билем. Ага жакшы болуусу үчүн болуп жаткан Сенин иштериңди көрө алуусу үчүн, ал адамдын көзүн ач. Мага эмнени айтууну жана чындыкты бурмалабай, кантип иш жүргүзүүнү үйрөт. Сага тоскоол болбошума жардам бер”.
Мага көп учурда адамдар Кудай бул же тигил проблемадан бошотуусун сурап сыйынып коюңуз деп келишет. Көбүнчө сүйлөшүү ушундай болот. Аларга жооп катары мен суроо берем:
— Сиздин жашооңузда болуп жаткан нерсени Кудай билет деп ишенесизби?
— Ооба, — деп жооп берет ал.
— А сиз Кудайдын сизди сүйөөрүнө ишенесизби?
— Ооба.
— Анда биз сиздин Кудай алдында моюн сунууңуз үчүн сыйынабыз. Теңир эмнени гана ойлобосун, баштаган ишин аягына чыгарууга жол бериңиз. Биз Кудай сизди бекемдөөсү үчүн жана бул абалдан сиз рухий бай жана күчтүү болуп чыкканыңызга жардам берсин деп сыйынабыз. Биз болуп жаткан кыйынчылыктан бошотсун деп эмес, Кудайдын ырайымы сиздин жашооңузда иштесин жана сизге кайраттуулук берсин деп сыйынабыз. Биз Кудай сиздин жашооңузга жол берген бул абал жакшылыкка экендигине ишене алууңуз үчүн сыйынабыз.
БАТАЛАРДЫ ЖОГОТУУ
Адам каршы болгонун уланта берсе, анда бул Кудайдын ага төккүсү келген батадан кур калаарына алып келет. Каршы чыгуу биз үчүн Кудай алдын-ала даярдап койгон бардык нерсени алуубузга тоскоол болот. Козголоңчул адам кубанычты сезиши мүмкүн, бирок ал эч качан толук кубанычты сезе албайт. Ал сүйүүнү сезиши мүмкүн, бирок эч качан Кудайдын шартсыз сүйүүсүн сезе албайт. Ал бул өмүрдө бир нерсеге үмүттөнүшү мүмкүн, бирок эч качан Кудай бизге бере турган түбөлүк өмүргө болгон үмүткө ээ боло албайт.
Кудайга болгон каршылык биздин Анын күчүнө, акылмандуулугуна толуубузга жана Анын катышуусунда ырахаттануубузга тоскоол болот. Ал Кудайдын баталарынан айрылтат. Кудайдын чакырыгын баалабай коюу менен мындай жоготууларга учуроонун пайдасы жок.
9-бөлүм. КАНТИП КӨП ЖЕМИШ АЛЫП КЕЛГЕН БУТАК БОЛУШ КЕРЕК
Кудай деген Ким? Сиз Аны кантип элестетесиз?
Менин тааныштарымдын көбү бул суроого жооп берүүгө дайыма даяр. Алар үчүн Ал — Жаратуучу, Теңир, Кудуреттүү, Асмандагы Ата. Башкалар үчүн Кудай — бул Жогорку Күч, “асмандагы канцелярия”, Баштапкы Себеп.
Ыйса Асмандагы Атасы жөнүндө айтканда, Аны сүрөттөй турган сөздөрдү көп колдонгон эмес. Алардын бири Жакандын жазган Жакшы Кабарында жазылган (Жн.15:1) — “Мен чыныгы жүзүм Сабагымын, ал эми Менин Атам — Жүзүмчү”.
Андан кийин Ыйса Асмандагы Атасы тууралуу төмөнкүдөй нерселерди айтат:
Мендеги жемиш бербеген ар бир бутакты Ал кесип таштайт. Ал эми жемиш берип жаткан ар бир бутакты дагы көбүрөөк жемиш берсин деп тазалайт. Силер Менин сөзүм аркылуу тазартылдыңар. Менин ичимде болгула, ошондо Мен силердин ичиңерде болом. Сабактан ажыраган бутак жемиш бере албайт. Ошол сыяктуу эле силер да Менин ичимде болбосоңор, жемиш бере албайсыңар.
Мен Сабакмын, силер болсо бутактарсыңар. Ким Менин ичимде болсо, Мен Анын ичинде болсом, ал көп жемиш берет. Анткени силер Менсиз эч нерсе кыла албайсыңар. <...> Эгерде силер көп жемиш берсеңер, Атам даңкталат, Менин шакирттери болосуңар.
Кудай бизди жүзүмчү жүзүмдүн бутактарын тазалагандай, белгилүү максат менен тазалайт — Ал биз көп жемиш бере ала тургандай болуп, руханий өскөнүбүздү каалайт.
Бул үзүндү Жакандын жазган Жакшы кабарындагы Ыйсанын сөздөрүнө дал келет (Жн.12:24) — “Чындыкты, силерге чындыкты айтып коеюн, эгерде буудайдын даны жерге түшкөндөн кийин өлбөсө, бирөө бойдон гана калат. Эгерде өлсө, көп түшүм берет”. Уктуңузбу — көп жемиш!
Жазуудан ички жемиш деп аталган – мүнөздөгү белгилүү өзгөчөлүктөр бар экенин, жана сырткы жемиш бар экенин түшүнөбүз — бул биз Кудайды даңктообуз үчүн жана Анын Падышачылыгын кеңейтүү үчүн жасаган жумуштар.
ЫЙЫК РУХТУН ИЧКИ ЖЕМИШИ
Биз алып келишибиз керек болгон ички жемиш биз аркылуу өстүрүлбөйт. Бул жемиш биз Ыйса Теңирге ишенимдүү болгонубузда же Ыйса Өзү айткандай биз жүзүм Сабагы менен туташып турганыбызда, биздин ичибизде жетилет. Биз канчалык Теңирге жакындаган сайын, ошончолук биздин ичибиздеги Ыйык Рухтун күчүнө көбүрөөк таянсак, бул жемиш бизде ошончолук батыраак өрчүйт. Аны бир гана жол менен — Теңир менен бир болуу менен жана биздин жашообуздагы ар бир саатта жана ар бир күндө Анын жетегине баш ийүү менен гана өстүрүүгө болот.
Ошондуктан бул жемиш — Анын жемиши. Элчи Пабыл бул жөнүндө Галаттыктарга жазган катында (5:22–23) ачык айтат: “Рухтун жемиши болсо булар: сүйүү, кубаныч, тынчтык, чыдамдуулук, ак көңүлдүк, боорукердик, ишенимдүүлүк, момундук, өзүн өзү токтото билүү”.
Талкалануу — бул Кудай биздин ичибизде ички жемишти өстүрүү үчүн — Өзүнө окшоштуруу үчүн колдонгон тазалоо процесси.
Биздин ичибиздеги Кудайдын иши
Баарыбыз Кудай биз үчүн бир нерсе жасаганын каалайбыз. Биздин сыйынууларыбыз суранычтарга толгон, Кудай бөтөлкөнүн ичинен чыккан күчкө окшоп, биздин бардык каалоолорубузду күттүрбөстөн аткаруусун каалайбыз! Жана азыркы Кудай жөнүндөгү окуутулар да адам жана анын талаптары тууралуу көп айтышат. “Кудайым, Сен мени айыктырууңду каалайм... Теңирим, мени бай кылчы... Кудайым, мага батаңды бер жана корго... Теңирим, мага муну жасап берчи... мен үчүн мындай кылып берчи...”
Бирок ааламдын борбору биз эмес, Кудай экендигин эсибизден чыгарып коебуз. Ал биздин Ага кызмат кылуубузду талап кылат. Ал кат ташый турган кичинекей бала эмес. Ал — баарын колуна кармап турган Теңир. Биз Кудайдан бир нерсени талап кылганыбызда, кекирейгенибизди көрсөтөбүз. Биз Анын карамагында болгондой кылып Кудай менен мамиле түзсөк, туура кылган болот элек.
Кудай — биздин өмүрүбүз. Кудайсыз бизде жашоо жок — бул жерде, жер бетинде да, түбөлүктө, асманда да жок. Ыйса бизге өмүр берүү үчүн, ашап-ташыган өмүр берүү үчүн келгенин айткан. Биздин өмүрүбүз — Кудайдан, ал эми бизде агып жаткан Анын өмүрү — бул Анын мүнөзү жана Анын эрки.
Биз Кудайга башкача караганыбызда жалган кудайга табынууга кабылабыз. Эгер биз Кудайды издебей, сураганыбызды берүүсүн гана кааласак, биз Кудайга табынуубузду токтотобуз — биз Кудайдын бизди бир нерсе менен камсыз кыла ала турган жөндөмдүүлүктөрүнө табына баштайбыз. Башка сөз менен айтканда, биз материалдык буюмдарга табынып баштайбыз.
Жасалма кудайлардан баш тартуу
Жасалма кудайларга табынуу араң айырмалай турган жана кооз формада болуусу мүмкүн. Кайсы бир күнү Кудай сизди кандайдыр-бир нерсеге же кимдир бирөөгө жалган таянууңуздан бошотуу максатында, талкалануу жана азап чегүү жолу менен алып бара тургандыгын билиш үчүн, жасалма кудайга табынуучу болуунун кажети жок, мага ишенип койсоңуз болот.
Бир жолу мен үйдө болгон бардык фотоаппаратуралардан арылдым. Башында мен аларды күрөөканага алып бардым, андан кийин мен аларды биротоло сатып салган күн келди. Мен сүрөткө тартканды жакшы көрөм. Көп жылдар бою мен кымбат баалуу камераларга жана ар кандай фото техникаларга көп акчамды сарп кылдым. Бир жолу биздин жыйында аларды чечиш үчүн, кошумча каржылоону талап кылган маселелер пайда болду. Бул үчүн мен мага абдан кымбат болгон фотоаппаратурамды курмандык кылдым.
Мындай кылуу оңой болгон жок. Бул курмандыкка мен ичимден даяр болсом да, буюмдарды сатуу жана акчаны өткөрүү процесси, — мен өз жабдыктарымды фототоварлар дүкөнүнө алып келип, андан кийин акчаны жыйынга алып баруу, — абдан татаал болду. Бирок мендеги бир нерсе сынгандай болду. Мен үчүн кымбат болгон буюмдарды колумдан чыгарганда жүрөгүмдө жеңилдикти сездим. Мен Кудай менде кандай иштегенин көрдүм. Ал менин жөндөмдүүлүгүмдү жыйында пайда болгон маселени чечүү үчүн эле эмес, менин маселемди чечүү үчүн да колдонду. Кудай Өзү мен үчүн маанилүү болгон, көзгө урунган материалдык нерсени кармап алган менин түйүлгөн муштумумду жазды.
Бирок мен өзүмдүн баалуу буюмдарымды чындап “бергенде” гана жана материалдык буюмдарга жаңыча мамиле кылып баштаганымда гана, Кудай керемет жол менен, Ага гана тийиштүү образ менен менин бүт аппаратурамды кайтарып берди. Бир күнү, эки ай өткөндөн кийин, менин үйүмдүн эшигинин коңгуроосу кагылды. Мен эшикти ачып, босогодо колунда эки баштыгы бар аялды көрдүм. Ал: “Сиз доктор Стенлисизби?” — деп сурады. Мен “Ооба” — деп жооп бергенимде, ал баштыктарды полго койду да, бурулуп, кетип калды. Мен ал баштыктарды ачып, андан менин бүт фотоаппаратурамды көрдүм. Мен өз буюмдарымды алып барган фототоварлар дүкөнүнө телефон чалдым, бирок дүкөндүн ээси: “Ооба, сиздин бардык жабдыктарыңызды бир адам сатып алды, атын айтпоону суранды жана сиздин үйүңүзгө жеткирүүнү буйруду”, — деп жооп берди. Мен фотокамера жана бардык жабдыктар бейтааныш адамдан болгон белек эместигин түшүндүм. Бул Кудайдан болгон белек болду!
Буга окшош нерселерди мен башка адамдардын жашоосунан да байкадым. Биз үчүн баалуу жана маанилүү болгон нерседен Кудайга тил алуу менен баш тартканыбызда, Ал анын ордуна бизге андан да пайдалуу жана баалуу нерсени берет. Кээде Ал биз Ага эмне берсек, ошону кайтарып берет. Ал эми кай бир учурда Ал бизге башка бир нерсе берет. Жана Анын бергени дайыма мурункудан да мыкты болот.
Ушул эле принцип адамдардын ортосундагы мамиледе да болот. Кудай, мисалы, жаш жигитке бул кыздын артынан жүрүүнү токтотуш керек деп ачык көрсөтөт, же кызга бул жаш жигитке турмушка чыкпоо керек экендигин Ал так түшүндүрөт. Муну баштан кечирүү кыйын. Адамдар мындай абалда сүйүүнү жоготуудан чыдагыс ооруну сезишет. Бирок өз эркин Кудайдын эркине моюн сундурса жана чындап эле мамилелешүүнү токтотсо, анда Кудай адамдар жоготконго караганда эң мыктысын белек кылат.
Жаңы мамилелешүүдө Кудай башкаруучу орунду ээлейт. Ошентип, баалулуктар өз ордуна коюлат. Кээде Кудай бизге Ал үчүн калтырган адамыбызды кайтарып алып келет. Кимдир-бирөөгө Кудай үйлөнбөстөн же турмушка чыкпастан, жалгыз жашоосун көргөзөт. Жана бул өмүр ал адам үчүн эң сонун болот. Эң негизгиси, биздин карым-катнаштарыбызда биринчи орунда Кудайга болгон сүйүү болуусу керек. Бизди талкалоо менен, Кудай ушул нерсени каалайт.
Ал эми менин фотокамерама тийиштүүсү болсо, мен аларды мурдагыдай эле жүрөгүмө сактоо менен, дүкөнгө алып бармакмын. Мен фотоаппаратурамдан айрылат экенмин деп көңүлүмдү чөктүрсөм болмок. Мен кантип аларды кайра кайтарып алсам болот деген ойлор менен баш катырсам болот эле. Бирок, бул менин ушинтип, Теңирге эч нерсе бербегенимди билдирмек.
Мындай жыйынтык чыгаруу өз акыл-эси менен өзүн материалдык же руханий баалуу нерсесинен ажыраткан ар бир адамга карай адилеттүү. Сиз Кудайдын сөзү боюнча кимдир-бирөө менен же бир нерсе менен коштошууңуз мүмкүн, бирок жүрөгүңүздө өзүңүз байланып калган нерсени кармаганыңызды уланта беришиңиз да мүмкүн. Сиз көңүлүңүз чөгүп, өзүңүздү бул жоготуу үчүн эзе берүүңүз мүмкүн. Сиз бул жоготуу тууралуу жылдар бою үшкүрүнө беришиңиз мүмкүн. Бирок эгер Кудай сизден бир нерседен баш тарт деп жатса — баш тартыңыз! Бүт жүрөгүңүз менен баш тартыңыз.
Кудай — бизде болгондун баары
Талкалануу бизди мындай абалга алып келет да, биз: “Мен үчүн эң маанилүүсү — менин жашоомдогу Кудайдын катышуусу”, — деп айтабыз. Бул биздин толугу менен Кудайга баш ийген абалда экендигибиздин ишенимдүү белгиси. Биз Кудайдын бизде сырткы эле өзгөрүүлөрдү жасоосун гана эмес, башкача айтканда, биз досторубузга көрсөтө ала турган жана айланадагылардын алдында мактана ала турган гана жемиштерди эмес, ички өзгөрүүлөрдү да жасоосун каалайбыз. Кудайдын улуу батасы — бул Ал биздин ичибизде жасаган өзгөрүүлөр, ал эми алардын эң башкысы — Машайакка окшошуу.
Биздин арабыздан бир азыбыз гана эртең менен Кудай тууралуу ой менен жана Ал бизге эмне кылуубузду көрсөтөт деген ойлор менен ойгонобуз. Биз уйкудан ойгонобуз да, биз өзүбүз эмне кылайлы дедик эле деп ойлоно баштайбыз. Биз өзүбүз жөнүндө гана — өзүбүздүн муктаждыктарыбыз жөнүндө, өзүбүздүн жолугушууларыбыз жана пландарыбыз жөнүндө, өзүбүздүн каалоолорубуз жөнүндө ойлонобуз. Кудай биздин ойлорубуз Ал жөнүндө жана Анын эрки жөнүндө болуусү үчүн бизди талкалайт. Биз: “Теңирим, Сенин даңкың үчүн мен эмне кылышымды каалайсың?”, — деп сыйынуубуз керек.
Машайакка окшошуу
Элчи Пабыл айткан рухтун жемиши — бул Ыйса Машайактын Өзүнүн сапаттары. Биз так Ага окшош болуубуз керек. Машайакка мына булар таандык:
Сүйүү. Курмандык сүйүү — бул Ыйса Машайакты айырмалап турган нерсе. Сүйүү бул курмандык кылуу, курмандык кылуу жана дагы курмандык кылуу жөндөмдүүлүгү. Жана биз өзүбүздүн өзүмчүлдүгүбүздү жана текебердигибизди талкаламайынча, мындай сүйүүгө ээ боло албайбыз.
Кубаныч. Күнөөнүн туткунунда жүргөн адам чындап кубана албайт. Кубаныч сенин куткарылганыңды түшүнүүдөн келет. Кудай бизди талкалап, азап чегүүдөн өткөргөн ар бир учурда биз күнөөнүн үстүнөн жеңишке жетишебиз жана кайгы кубанычка алмашат. Ким Кудайдын талкалоосун башынан кечирген болсо, мен кандай кубаныч тууралуу айтып жатканымды билет.
Эгер адам баарын өзү каалагандай жасоого аракеттенип жатса, анда ал адамдык кемчиликтин, катанын жана алсыздыктын туткунуна кабылат. Мындай адам өзүнөн көңүлү калат жана башкалардын ийгилигине көз артат. Анда кубаныч жок. Ал болгону көз ирмемдик шаттыкты — үстүртөн болгон сезимди гана сезет, бирок чыныгы кубаныч эмне экендигин билбейт.
Ким талкаланууну башынан кечирсе, өзгөчө кубанычты — күтүү кубанычын сезет. Мындай адам: “Мен чыдамсыздык менен Кудай бүгүн мага эмне ачып бере турганын күтөм”, — деп айтат. Кудай биздин жашообузду толугу менен башкарганда, ал укмуштуу окуяларга айланат!
Тынчтык. Талкалануу Машайактын тынчтыгын — биздин бардык жаныбызды толтурган тынчтыкты алып келет. Биз өз өмүрүбүздү Кудайга арнаганда, мындай деп айтабыз: “Теңирим, мен — Сеникимин. Сен менден эмнени кааласаң, баарын жаса. Менин жашоом жана менин убактым — Сенин колуңда”. Биз толугу менен коопсуз абалда болобуз, анткени Кудай бизде жана биз аркылуу биздин түбөлүктүүлүгүбүз үчүн кызмат кыла турган нерсени гана жасайт. Биз Кудайга бүтүн бойдон жана толугу менен ишенебиз. Жыйынтыгында, тынчтыкка ээ болобуз. Бизге эми күрөшүүнүн кереги жок. Бизге өзүбүздүн күчүбүз менен алдыга умтулуунун, ийгиликке жетишип жана биздин бардык иштерибиз үчүн жоопкерчиликти алуунун кереги жок. Кудай баарын башкарып турат. Биз Анын кучагында эс ала алабыз.
Кудайдын тынчтыгы биздин батабыз болуп саналат. Элчи Пабыл Тиметейге жазгандай, “такыбаа болуу жана ыраазы болуу — улуу байлык” (1 Тим. 6:6 кара).
Чыдамдуулук. Биз өзүбүзгө даңк алуу үчүн аракет кылып, башкалар менен жарышканыбызда, бардык чыдамдуулугубузду жоготобуз. Биз баарын тез эле бүтүрүп койгубуз келет. Кудай бизди талкалаганда, биз өз пландарыбызга жана Анын көрсөтмөлөрүнө жаңыча карайбыз. Анын жолдору, биздин жашообузга тийиштүү болгон Анын ойлору биз өзүбүз элестеткенден да жогору турат. Биз Ага түбөлүк таандык экенибизди түшүнгөндө, бизге Кудайды жана Ал бизге белек кыла тургандын баарынын толуктугун күтүү жеңил болот; Ал баарын Өзү каалагандай — Өзүнүн ыкмалары менен жана Өзүнүн убагында жасай тургандыгын билүү менен, биздин жакындарыбыздын жашоосунда Анын иш кылуусуна ишенүү оңой болот.
Ак көңүлдүк (жакшылык тилөөчүлүк, мээримдүүлүк). Бизди Ыйык Рух эмес, күнөөкөр табияттын каалоолору ээлеп алганда, баарын өзүбүз каалагандай кылабыз. Биз өзүбүз каалаганды көшөрүү менен жана тез арада алгыбыз келет. Биз айланадагылардын каалоосу менен эсептешпейбиз жана укук боюнча бизге тийиштүүдөй сезилген нерсени алууга аракет кылып жаткандардын баарын басабыз.
Талкалануу бизде эч кандай укук жок экендигин түшүнүүгө алып келет. Биздин бардык укуктарыбыз Кудайга тийиштүү. Биз атаандашыбыздын алдына чыгып, каалаганыбызды алып, алдыга умтулуу каалоосунан бошонобуз.
Бшкалар менен макул болуу алсыз болуу дегенди билдирбейт. Биз шайтанга каршы туруу аракеттерибизде дайыма катуулукту көрсөтүүбүз керек. Биз сыйынууда кайраттуулукка жана Машайак жөнүндө күбөлөндүрүүдө кызганчаактыкка ээ болуубуз керек. Бирок, талкаланууну башыбыздан кечирүү менен, элчи Пабылдын Эфестиктерге жазган катындагы төмөнкү сөздөрдү ачык түшүнө алабыз: “...анткени биз адамдарга каршы эмес, башчыларга, бийликтерге, бул караңгы дүйнөнүн башкаруучуларына жана асман астындагы жаман рухтарга каршы күрөшөбүз” (Эф. 6:12).
Элчи Пабыл мындай күрөш үчүн бизге “Теңир менен жана Анын күчү менен” бекемделишибиз керектигин айтат (Эф. 6:10 кара). Ал эми Корунттагы ишенүүчүлөргө: “сергек болгула, ишенимиңерди бек туткула, бекем болгула, кайраттуу болгула”, — деп жазган (1 Кор. 16:13).
Биздин күрөш адамдарга каршы эмес, бизди жамандыкка түртүп жаткан адам жанынын душманына каршы экендигине биз толук ишенгенде, айландагыларга жакшылык менен мамиле кылуу бизге жеңил болот. Биз күнөөнү жек көрсөк да, азгыруучу менен руханий күрөш жүргүзүп жатсак да, күнөөкөрдү сүйүү жөндөмдүүлүгүнө ээбиз.
Боорукердик. Талкалануудан өткөндөн кийин, биз боорукердикти ичибизде жашап жаткан Ыйык Рух аркылуу гана көрсөтө ала турганыбызды түшүнөбүз. Кайрымдуу жана боорукер Кудай бизди курчап турат жана биздин ичибизде жашайт. Анын катышуусу бизди жакшы иштерге жана жакшы чечимдерге түртөт, себеби Кудай Өзү табияты боюнча жакшы жана боорукер.
Бизди талкалоого аракет кылган Кудайга каршы чыксак, анда өзүбүздүн күнөөкөр табиятыбыз менен, жакшылык жана жамандык жөнүндөгү, эмне жакшы, эмне жаман экендиги жөнүндөгү жеке түшүнүктөрүбүз менен бирге жалгыз калабыз. Бирок биз жогору баалаган нерсенин баары бир күнү биздин көңүлүбүздү чөктүрөт. Туура түзүлүштөгү жүзгө жана жакшы келбетке ээ болуп туруп, суктандырбай турган адам болуу мүмкүн; курч акылга ээ болуп туруп, туура жоопту таппай калуу мүмкүн; жакшы эмгек акыга ээ болсо да, бутуна тартса, башына жетпей калуусу мүмкүн; жакшы үй-бүлөдө төрөлсө да, жашоодо эч нерсеге жетпей калуу мүмкүн. Кудай жогору баалаган нерсе гана чыныгы бата болуп саналат.
Боорукердик кечиримдүүлүк аркылуу көрүнөт. Талкалангандан кийин, биз бизге жаман мамиле жасаган айландагылардан кандайдыр-бир эмоционалдык карызды төлөп бер деп талап кылбайбыз. Биз адамдарды манипуляция кылууга, башкарууга, алардын жасаган же жасабаган иштери үчүн жазалоого аракет кылбайбыз. Биз эч кимге жамандык менен жооп кайтарбайбыз, ал эми сыйынууда: “Бул адам Сага таандык, Кудайым. Мен толугу менен Сага таянам жана бул адамды Сенин колуңа тапшырам. Кандай керек деп ойлосоң, ошондой кылып, Сен анда иште”, — деп айтабыз.
Кудайдын боорукердиги жана жакшылыгы бизди адамдардан жакшы нерсени издөөгө жана башкаларды жакшылык кылууга ойготуу үчүн бардык мүмкүн болгон нерсени кылууга мажбур кылат. Боорукердик бизди муктаж болгондорго жардам берүүгө, Теңирди билбегендер үчүн сыйынууга, кысымга алынгандарды жана ызалангандарды коргоого түртөт.
Ыйса жасаган иштердин баары жакшы болгон. Биздин ичибизде жашап жаткан Ыйык Рух бизге кандай боорукер жана жакшы экендигин сезгенибизде, биз Ыйсага окшоп кайрымдуулук иштерин жасай алабыз.
Ишеним (ишенимдүүлүк). Биз өзүбүздөн баш тартып, Кудайга баш иймейинче, ким биздин каалообузду канааттандыра алат, ким бизге жардам бере алат жана сүйө алат деп кимдир-бирөөнү дайыма издей беребиз. Биз жолуккан ар бир сымбаттуу адамга ойсоңдоп мамиле кылганын уланткан жубайларга окшошпуз. Бизди чындап сүйгөн жана эч качан таштабаган Кудайга карата ишенимсиздик кылабыз. Кудай эч качан биздин көңүлүбүздү калтырбайт жана сүйгөнүн токтотпойт.
Талкаланган биз: “Мен чындап эле Сеникимин, Теңирим жана Сенден бөлөк эч ким менин өлбөс жаныма укуктуу эмес. Сен — менин Кудайымсың”, — деп айта алабыз. Бул чыныгы ишенимдүүлүктүн абалы.
Ыйса Атаны көз ирмемге да эч качан таштабагандай, бизде жашаган Ыйык Рухтун жардамында биз да Ата менен бир болууну жана Аны көз ирмемге да калтырбоону каалайбыз.
Момундук. Биз талкаланмайынча жана Кудайдын алдында тизе бүкмөйүнчө, өз муктаждыктарыбызды канааттандырууну Кудайдан эмес, башкалардын баарынан издейбиз. Биз өзүбүздү карап, өзүбүз өз муктаждыктарыбыздын баарын эч кандай толтура албай тургандыгыбызды абдан бат түшүнүп баштайбыз. Ошондуктан биз жардам сурап, башка адамдарга кайрылып баштайбыз. Биз башкалар биздү сүйүшүн, биз жөнүндө кам көрүүсүн, бизди кароосун жана кыйын убакта бизди сооротуусун талап кылабыз. Аягында биз айланадагы адамдарга жардам бере албагандай эле, алар да бизге жардам бере албай турганын түшүнөбүз. Биз адамдардын жардамдын жана биздин талаптарыбызды канааттандыруунун ишеничтүү булагы эмес экендигине көзүбүз жетет. Ошондо эмне кылабыз? Биз аларга таарынабыз, ачууланабыз жана кыжырданабыз. Мындай сезимдердин баары бизди курчап алганда эмне болот? Биз ошол замат момундук эмне экендигин унутуп калабыз!
Биз адамдарды кордоп баштайбыз жана аларга жагымсыз сөздөрдү айтабыз. Биз орой сөз айтабыз, элдердин алдында аларды шылдыңдайбыз жана кор кылабыз. Биз алар менен мамилебизди үзөбүз.
Мындай жүрүш-туруштун негизинде жөнөкөй нерсе жатат: биз адамдардан көңүлүбүз калат, анткени алар биздин күткөнүбүздү актай алышкан жок.
Чындык бир гана Ыйса Машайак бизди күтүүбүздү актай ала тургандыгында. Бир гана Ал биздин бардык каалоолорубузду чындап канааттандырууга, биздин бардык проблемаларыбызды чечүүгө жана биздин тынчсызданууларыбызды түшүнүүгө жөндөмдүү. Бир гана Ал бул жашоодо жана келе турган жашоодо биз эмнеге муктаж болсок, баарын бере алат.
Талкалануунун жардамы менен биз айландагыларга ырайымдуу жана момун боло алабыз, себеби Кудай бизге карай ырайымдуу жана момун экендигин моюнга алабыз. Биздин айланадагы адамдарды Кудай өзгөртөөрүнө жана алар менен биз бекем жана туура мамиле түзө алаарыбызга ишенебиз. Жана бул бизди жабырката турган эмес, байыта турган мамиле болот.
Өзүн-өзү токтото билүү (өзүн башкаруу). Биз өз өмүрүбүздүн үстүнөн башкарууну Кудайга берсек, Ал аны бизге кайтарып берет. Ал шайтандын кандай гана азгыруусу болбосун, “жок” деп айтканга бизге күч берет. Бизде куткарылбаган,ишенбеген адамда жок болгон жөндөмдүүлүк — жамандыкка ийгиликтүү каршы турууга жөндөмдүүлүк пайда болот.
Кудай дайыма бизди талкалап жаткандыгы — бул биздин өз талаптарыбызды жана каалоолорубузду канааттандырууга болгон тойбостугубуз. Кудай бизди Ал каалаганды каалообуз үчүн талкалайт. Биз Кудайдын эмнеге муктаж болуп жатсак жана эмне бизге кубаныч алып келсе, ошону бергиси келгендигин байкайбыз. Көп учурда биз ойлобогон нерселер биздин жүрөгүбүздүн түпкүрүндөгү каалоону орундатат. Талкалануу биздин каалоолорубуздун өзгөрүлүүсүнө алып келет.
БИЗДЕГИ КУДАЙДЫН КАТЫШУУСУНУН СЫРТКЫ ЖЕМИШТЕРИ
Көп машайакчылар алар алып келе турган сырткы жемиш “жыйындагы кызмат, иш-аракет” деп аталган нерседе көрүнөт деп ишенишет. Машайакчылык жашоо алар үчүн Кудайга табынуу чогулуштарына калтырбай келүүнү, Ыйык Китеп окууну, сыйынууну, жыйынга чакыруу кагазын таратууну, ошондой эле ар кандай миссионердик коомдун жана машайакчылык уюмдардын мүчөсү болууну билдирет.
Талкаланууну баштан өткөргөндөн кийин, биз Машайак жөнүндө жемиштүү күбөлөндүрүп баштайбыз. Биз алып келе турган сырткы жемиш Анын чындыгын жарыялоону жана биздин жолубузда кездешкендердин баарына жардам берүүнү камтыйт. Биз Анын сүйүүсүн жана күчүн көбөлөндүрүү үчүн чакырылганбыз:
...алар жакшылык кылышсын, жакшы иштерге байышсын, берешен болуп, башкалар менен бөлүшсүн...
Машайакты жүрөгүңөрдө Теңир катары ыйык туткула. Силердин үмүтүңөр жөнүндө айтып берүүңөрдү сураган ар бир адамга момундук жана коркунуч менен жооп берүүгө дайым даяр болгула.
Сыйынуунун, Ыйык Китепти окуунун жана изилдөөнүн, жыйынга дайыма баруунун негизги максаты — бизден жардам талап кылынганда эмнени айтуу керек жана жасоо керектигин түшүнүүбүздө турат. Кыйын мүнөттөрдө ойлонууга убакыт болбой калат. “Машайакчылык билим” деп аталган нерсе бизди машайакчы кылбайт. Ал болгону, Ыйык Рух бизди Машайактын Денесинде бири-бирибизге кызмат кылууга жана биздин жашообузду абдан көңүл буруп, карап турган ишенбеген адамдарга Машайак жөнүндө күбөлөндүрүүгө жетектөөсү үчүн чыныгы машайакчылык жашоого бизди даярдайт.
Биз мурунку бөлүмдө айтып кеткендей, Теңир бизди атайын бир кызматка чакырат. Ал бизге таланттарды берди жана бул кызматка даярдады. Бирок ар бир күнү жасап жаткан иштерибизде жана кабыл алган чечимдерибизде биз Ыйык Рухтун жетекчилигинде болуубуз керек. Биз өзүбүздүн бардык иштерибизде жана пландарыбызда Анын жетегине толугу менен таянуубуз керек.
Талкалануунун максаты, биз бир нерсени — биздин жашообуз эми бизге таандык эмес экендигин түшүнүүбүздү ичине камтыйт. Биздин өмүрүбүз Машайакка таандык. Биз Ал каалагандай жашообуз керек.
Талкалануунун негизинде, биздин кызматыбыз биз өз эркибизди Кудайдын эркине чыны менен моюн сундурганыбызда жана биз аркылуу Кудайдын иштөөсүнө жол бергенибизде гана эффективдүү болоорун байкайбыз. Биздин жашообузду отоо чөптөрдөн тазалоого Кудайга канчалык көбүрөөк жол берсек, биз ошончолук көбүрөөк жемиш алып келебиз.
Эгер сиз жүзүм багы жөнүндө бир аз билсеңиз, анда жүзүм сабагын жыл сайын кесиш керектигин уккандырсыз. Эски, кургап калган бутактар кесилет. Жемишсиз, кыш мезгилинде бутактарды кесүү процесси таш боордуктай сезилиши мүмкүн, бирок жаз келгенде жаңы бүчүрлөр пайда болгондо, анын максаты түшүнүктүү болот. Мындай жол менен тазаланган сабак көп жемиш алып келет. Азык-зат ширелери тамырдан жемиш алып келе турган бутакка барат. Кесилгенден кийин сабакта калган бул бутактарды так ошентип — “жемиштүү” деп аташат.
Ушундай тазалоо процессин биздин ичибизде Ыйык Рух жасайт. Биздин күнөөлөр жана кемчиликтер бизден кесилип ташталгандан кийин, биз көп нерсеге жөндөмдүү болуп калабыз. Биз Кудай бизди тазалап баштаган учурга караганда, жакындарыбызга көбүрөөк жана жакшы кызмат кыла алабыз.
Мисалы, адам чечен жана тубаса таланттуу жана жөндөмдүүлүгү менен айырмалануусу мүмкүн. Ал жөндөмдүүлүгү көп инсан жана сонун адаттарга ээ болушу мүмкүн. Бирок Кудай бул жөндөмдүү адамдын жүрөгүнүн борборунда болбосо, анын чечендигинде жана адаттарында чынчыл эместик, жалган жана өзүмчүлдүк көрүнөт. Биз толугу менен өзүбүздү Теңирге бергенибизде гана, биздин бардык табигый жөндөмдүүлүктөрүбүз гүлдөп өсө алат жана башкалар тарабынан кабыл алынат. Биз көп жемиш алып келүү үчүн, талкаланууну башыбыздан кечирүүнү каалообуз керек.
Чындап эле сиз үчүн Кудай даярдап койгон ошол мыкты нерсеге ээ болууну каалайсызбы?
Чынында эле сиз үчүн Кудайдын каалаганын чын жүрөктөн эңсейсизби?
Чынында эле сиз Кудайдын баталарын алууга умтуласызбы?
Өзгөрүлүүгө, Теңир Ыйса Машайактын Өзүнө окшошууга жана жакындарга кызмат кылуу үчүн жаңы күчкө ээ болууга жол талкалануу аркылуу болот. Кудайда башка жол жок. Талкалануу — бул батага болгон Анын жолу.
Бүгүн Кудайдын сиздин жүрөгүңүздө иштөөсүнө жол бериңиз. Ал сизге үйрөтүп жаткан чындыктарды кабыл алыңыз. Өз эркиңизди Анын эркине баш ийдириңиз. Анан сиз үчүн Теңир эмнени даярдап койгонун көрөсүз!
10-бөлүм. БАТАНЫН УБАДАСЫ
Бата деген эмне?
Биздин күндөрдө “бата” деген сөздү “иштин оңунда болушу” катары карашат. Мен, албетте, жетиштүү сандагы акчага ээ болуу жана эсептерди убагында төлөө жөндөмдүүлүгү батанын бир бөлүгү экендигине ишенем, бирок Кудайдан болгон чыныгы бата жакшы эмгек акыдан, кыймылсыз мүлккө же топтогон мүлккө ээ болуудан жогору турат.
Көптөгөн жалгыз адамдар “батаны” турмушка чыгуу же үйлөнүү менен аныкташат. Ата-энелер өз балдарын бата деп эсептешет. Ден-соолук, сулуулук жана жакшы жумуш — бул да Кудайдан болгон баталар.
Бирок булардын баары кандай гана укмуштуу болбосун, Кудайдын баталарына толук аныктама бере алышпайт.
Кудайдын батасы — бул биздин түбөлүктүүлүгүбүз үчүн белгиленген белек. Чыныгы бата дайыма өзүнө мезгилден сырткаркы болгон бөлүктү камтыйт.
ЭЛЧИ ПАБЫЛДЫН ТАЛКАЛАНУУСУ ЖАНА БАТАСЫ
Элчи Пабыл талкалануу деген эмне экенин билген. Ал Кудайдын батасы эмне экендигин, өзгөчө, талкалануу мезгилинде келе турган батаны билген. Элчи Пабылдын өмүрү — Жаңы Осуяттын таң калыштуу кереметтеринин бири.
Келечектеги элчи Тарс шаарында туулган, ал жерде аны Шабыл деп аташкан. Ага жакшы билим беришкен — ал адил жүйүт үй-бүлөсүндө тарбияланган, бирок римдик атуулдукка ээ болгон. Диний кызганчаактыктыктын рухунда ал алгачкы машайакчыларды куугунтуктаган, алардын көбүн түрмөгө жана өлүм менен жазалоого жөнөткөн. Бир жолу ал Дамаскка Ысрайылдын чегинен чыгып, тарап жаткан машайакчылык менен күрөшүү үчүн баратканда, ага Ыйса Машайак жолукту. Кызганчаак жүйүт көздү уялтуучу жарыкты көрдү жана ага кайрылган Ыйсанын үнүн укту. Ал Машайактын алдында тизе бүгүп, Ага өз жашоосун моюн сундурду жана Кудайдын кечиримин кабыл алды.
Пабыл эрктүү жана чечкиндүү болгон. Ал үчүн эмнеге гана турбасын, өз ишин ар дайым жасаган. Теңир Ыйса Машайак аны куткарган учурда Пабыл ким эле? Баалуу, бирок иштетиле элек таш болчу. Кудай бул баалуу ташты кырдап баштаган, бул Пабылдын талкалануусунда көрүндү.
Үч жыл Пабыл Аравияда болду, андан кийин Дамаскка кайтып келди. Биз бул убакытта Пабыл эмне кылганын билбейбиз, бирок үч жылдан кийин Иерусалимде ал Петир менен Жакыпка жолугуп, ал жерде он беш күн болду. Андан кийин ал Сирияда жана Киликияда болду. Пабыл активдүү кызмат баштаганча он төрт жылдай өттү. Ушул жылдарда Теңир Пабылды азап чегүү жана талкалануу аркылуу өзгөчө кызматка даярдады (Гал. 1:15–2:1 кара).
Пабыл Жакшы кабарды “Ыйса Машайактын аяны аркылуу” алганын жана Кудай “бутпарастарга Уулу жөнүндө жар салышым үчүн, мага Өзүнүн Уулун ачып берүүнү ылайык тапты”, — деп өзү айкан (Гал. 1:12, 15–16 кара).
Пабылга окшоп эч ким мындай аян алган эмес. Кудай менен бирге өткөргөн, ага Ыйса Машайак жөнүндө Жазуулар аркылуу жана жашоо тажрыйбасы аркылуу ачып берген бул жылдар ал үчүн абдан баалуу болгон.
Бирок өзүнүн миссионердик кызматын жаңыдан эле баштаганда, Пабыл катуу куугунтукка кабылган. Анын артынан түшүшкөн жана сабашкан. Аны көп учурда түрмөгө салышкан. Ал бир нече жолу кеменин кыйроосуна учураган. Ал кайсы жакка барбасын, ал жерде бат эле анын кызматына каршылыктар пайда болгон. Пабыл четке кагылуу, күмөн саноо жана сындоодон азап чегүү, шылдың болуу, куугунтук жана айыптоолорго чыдоонун эмне экендигин жакшы билген.
Адамдардын ичинен эч бири Пабылдын кызмат кылган жылдарында башынан өткөргөн азап, оору жана кайгыны башынан өткөргөн жок болуш керек.
Бул кыйынчылыктар ага сабак болгон. Алар ага мыкты болууга жардам берди. Жана азап чегүүдө Пабыл өздөштүргөн эки абдан маанилүү сабак төмөнкүдөй болсо керек: Пабыл өз мүмкүнчүлүктөрүнүн чегин жана Кудайдын ырайымынын чексиз экендигин билди. Бул эки сабак биздин ар бирибиз үчүн да эң маанилүү болуп саналат.
Биринчи сабак: биздин мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чектелгендиги
Пабыл өз каттарында бизге төмөнкү нерсени өздөштүргөнүн: ал өзү машайакчылык жашоо менен жашай албай турганын айтат. Биз Римдиктерге жазылган каттан (7:18–25) окуйбуз:
Анткени менин ичимде, тактап айтканда, менин күнөөкөр табиятымда жакшы нерсе жок экендигин билем. Себеби жакшылык жасагым келсе да, жакшылык жасай албайм. Мен өзүм каалаган жакшылыкты эмес, өзүм каалабаган жамандыкты кылам. Эгерде мен өзүм каалабаганды жасап жатсам, анда азыр аны мен эмес, менин ичимдеги күнөө жасап жатат.
Ошентип, мен мындан мындай мыйзамды көрүп жатам: мен жакшылык жасайын дегенде, жамандык жабыша калат. Анткени рухум менен Кудайдын мыйзамынан ырахат алып жатам. Бирок дене мүчөлөрүмдө башка мыйзам бар экенин көрүп жатам. Бул да менин акылым кабыл алган мыйзамга каршы турат жана менин дене мүчөлөрүм баш ийбеген күнөөнүн мыйзамына туткун кылып жатат. Мен бир байкуш адаммын! Өлүмгө дуушар кыла турган ушул денеден мени ким куткарат? Теңирибиз Ыйса Машайак аркылуу Кудайга ыраазычылык билдирем. Ошентип, мен акылым менен Кудайдын мыйзамына, ал эми күнөөкөр табиятым менен күнөөнүн мыйзамына кызмат кылып жатам.
Кудай биздин ар бирибиз өз күчтөрүбүздү аягына чейин коротуп, бул жашоодо ийгиликке жетүү үчүн эч кандай күчкө жана билимге ээ эмес экендигибизди түшүнүшүбүздү каалайт.
Эгер бул сабакты өздөштүрбөсөк, анда биз өзүбүзгө — мурунку сиңирген эмгектерибиге жана машыгууларыбызга, билимибизге жана илимий даражаларыбызга, жеке эркибиздин күчүнө жана амбициябызга таянганыбызды уланта беребиз. Кудай бизди Анын жардамысыз биз жер бетинде ашып ташыган өмүргө жана Асман Падышачылыгында түбөлүк өмүргө ээ боло албай турганыбызды түшүнүшүбүз үчүн талкалайт.
Экинчи сабак: Кудайдын ырайымынын чексиздиги
Пабыл азап чегүү аркылуу өздөштүргөн экинчи маанилүү сабак — бул Кудайдын ырайымы чексиз экендиги.
Корунттуктарга жазылган экинчи каттан (12:7–10) Пабылдын мойнуна алып, мындай деп айтканын окуй алабыз:
Өзгөчө аяндарды алгандыгымдан улам менменсинип кетпешим үчүн, менин денемде тикенек бар. Менменсинип кетпешим үчүн, денемди кыйнап турууга шайтандын бир периштеси жиберилди. Менден анын четтетүүсүн өтүнүп, Теңирге үч ирет сыйындым. Бирок Ал мага мындай деди: “Менин сага болгон ырайымым жетиштүү. Анткени Менин күчүм алсыздыкта жеткилең болот”. Ошондуктан Машайактын күчү менден орун алат деп, өзүмдүн алсыздыгым менен артыгыраак мактанам. Ошондуктан Машайак үчүн алсыз болгонума, кордук көргөнүмө, муктаж болгонума, куугунтукталганыма жана кысымчылыкты башымдан өткөргөнүмө ыраазымын. Анткени мен алсыз болгондо күчтүүмүн.
Пабыл өзү толугу менен алсыз болгон мезгилде Кудайдын күчү анда эң кереметтүү түрдө көрүнө турганын түшүндү.
Биз Пабыл эскерткен “денедеги тикенек” эмне экендигин билбейбиз. Бирок биз анын элчини азап чеккенге мажбур кылганын билебиз, себеби тикенек менен кескин, курч оору алып келүүгө болот. Биз бул “тикенек” анын денесине таасир эткенин билебиз, анткени ал “денеге” багытталып жатат. Биз бул “тикенек” аны өзүн зыян тартуучу жана алсыз сезгенге мажбурлаганын билебиз.
Бул “денедеги тикенек” Пабыл үчүн талкалануунун куралы болду, анын жыйынтыгында элчи андан бошотууну сурап сыйынуусун токтотту (буга чейин Пабыл Кудайдан үч жолу өтүнгөн эле). Аны “тикенек” батага алып келгенин көргөндө, элчи ага моюн сунду, башкача айтканда, Пабыл бардык шартта Кудайдын аны менен болгону жетиштүү экендигин түшүндү.
Мен эч качан буга окшош “денедеги тикенекке” ээ болгон эмесмин. Бирок менде чечилбей тургандай жана өтө албай тургандай сезилген жеке көйгөйлөрүм болгон. Мен эмне гана кылган жокмун — алар бүткөн жок. Бул маселелер мага ачык ой жүгүртүүгө тоскоол болушту жана алардын чечилүүсүнүн жолдорун мага көрсөтүшпөдү. Мен алардын жок болушу үчүн канчалык көбүрөөк сыйынган сайын, мени алар ошончолук күчтүүрөөк басышты.
Ошол эле мезгилде менин Кудайга болгон кызматым өсүп жатканын көрдүм. Адамдар Машайакка кайрылып, куткарылууга ээ болуп жатышты, мурда эч качан укпаган жерлерде Жакшы кабар таратылып жатты. Кудай менин жеке жашоомдо азап чегип жатканыма карабастан (алардын жардамы менен десем туура болот го) ишин улантып жатты.
Мен ички жүрөк оорумдан чыдагыс азап чегип жатканымда, кээлер мага келип, менин насаат сөздөрүм мурда болуп көрбөгөндөй чыгып жатканын — алар жүрөккө өзгөчө тийип жатканын айтышты. Алар: “Доктор Стенли, сиз аркылуу Кудай менин жашоомду өзгөртүп жатат”, — деп айтып жатышты.
Анан мен бир жолу мындай дедим: “Бул Сенин ишиң, Теңирим. Ал меники эмес. Эгер менин жеке жашоомдогу бул бардык үрөй учурган нерселер аркылуу Сен Өз максаттарыңа жетип жатсаң, ал эми адамдар Сени даңктап жатышса, анда мен Сага бардык менин көйгөйлөрүм үчүн ыраазычылык айткым келет”.
Кудайдын ырайымынын чексиздиги жөнүндөгү бул сабакты ооруну жана азапты баштан кечирүү менен биз өз күчүбүздүн жана жөндөмдүүлүктөрүбүздүн чегине жеткенде гана өздөштүрөбүз. Кудай биздин жеткилеңдүүлүккө жетүү процессибизди баштаганда, Ал биз канчага чыдай ала турганыбызды так билет.
ОТ МЕНЕН ТАЗАЛОО
Баалуу металлдарды — өзгөчө алтын менен күмүштү тазалоо төмөн температурадан башталат. Аралашманын кээ бир түрлөрү температуранын жогорулашына бат реакция кылат жана эрип жаткан металлдын бетине калкып чыгып калат, ал жерден аны алып таштоо оңой. Андан кийин температураны жогорулатышат. Тиглдеги (атайын идиш. Котор.эск) эрип жаткан металлдын үстүнө алынып таштала турган башка аралашмалар көтөрүлөт. Бирок өтө жогорку температурада гана металлды абдан туруктуу болгон аралашмалардан тазалоого болот.
Биздин жашообузда да ушуга окшош нерселер болот. Биздин талкалануу процессибиз да этап менен жүрөт. Кудай металлды кантип тазаласа, ошондой кылып акырындап бизди талкалайт. Эгер Теңир биздин эң тереңде жайгашкан сфераларыбызды тазалап баштаса, биз аны көтөрө алмак эмеспиз. Бул биздин эркибизди эле эмес, рухубузду да сындырып коймок.
Биздин жүрөгүбүздө терең тамырлап калган нерсе — бул талкалана турган нерсе. Бул жашырылган, бүт күч менен сакталган жана биз тараптан корголгон руханий “аралашмалар” үстүгө чыгып жана жок болгондо гана, биз чындап мындай деп айта алабыз: “Мен эмне гана болбосун Кудайдын ырайымы мага жетиштүү экендигин билем. Мен көзгө көрүнгөн бардык нерседен: менин эркимден, менин кызмат кылуу жөндөмдүүлүгүмдөн, менин өмүрүмдөн айрылдым. Мага бир гана Кудай керектигин мен билем, анткени Ал менин жашоом болуп калды, ал эми Анын эрки менин эрким болуп калды. Анын кызматы менин кызматым болуп калды”.
Мен силер менен от менен тазалоо жөнүндө жана адамга Кудайдын ырайымынын көрүнүшү жөнүндө айтылган белгисиз автордун кичинекей ыр саптары менен бөлүшүүнү каалайм.
Пабыл өз өмүрүндө Кудайдын отунун күчүн сезди. Бул ага Кудайдын чексиз ырайымын түшүнүүгө жардам берди.
ТАЛКАЛАНУУ АЛЫП КЕЛЕ ТУРГАН БЕШ УЛУУ БАТА
Талкалануунун негизинде биз жок дегенде беш улуу батага ээ болобуз.
Биринчи бата: биз Кудайды жакшыраак түшүнөбүз
Биз талкаланып жана азап чегүүнү баштан кечиргенде гана чындап Кудайдын табиятын түшүнө алабыз. “Теңирим, менин өмүрүм Сенин жолуң боюнча болсун!” — деп айтып коюу жеңил. Бирок Кудайдын жолу кандай? Кудай Ыйык Китептин барактарында бизге мындай дейт: “Менин ойлорум силердин ойлоруңар эмес, Менин жолдорум силердин жолдоруңар эмес... Асман жерден канчалык бийик болсо, Менин жолдорум силердин жолдоруңардан ошончолук бийик, Менин ойлорум силердин ойлоруңардан бийик” (Ыш. 55:8–9).
Талкаланган соң биз Кудайдын чындыктарын — Анын осуяттары эки маңыздуу эмес экендигин, Анын убадалары өзгөрүлбөс экендигин, Ал убакыт жана мезгилди билээрин, Анын жардамы дайыма өз убагында жана жетиштүү экендигин түшүнүп баштайбыз.
Биз Жазууну жакшыраак түшүнүп баштайбыз. Биз адамдардын жашоосунда иштеген Кудайдын белгилүү принциптерин байкайбыз. Биз Анын сүйүүсүн тереңирээк түшүнөбүз. Биз Кудайдын сүйүүсүнүн негизинде Ал тараптан кабыл алынуу кандай экендигин мыктыраак түшүнүп билебиз. Биз Айкаш жыгачтын маанисин ачыгыраак көрөбүз. Биз Кудайдын чыдамдуулугун жана сүйүүсүн, жакшылыгын жана боорукердигин түшүнүүдө өсөбүз. Биз өз тажрыйбабызда көпкө чыдоо эмне экендигин таанып билебиз. Кудай биздин өмүрүбүздү Өз колунда кармап турганына дагы да көбүрөөк ынанабыз.
Талкаланууда биз Кудайдын кудуреттүүлүгүнүн, Анын Айкаш жыгачынын жана ырайымынын алдында дагы ылдыйыраак тизе бүгөбүз. Бизге Анын даңкы жана Анын кудайлык табияты ачылат. Биз Анын ар түрдүү сапаттарын тереңирээк түшүнө баштайбыз.
Кудайды таанып билүүнүн чеги жок. Бул бата маңызы боюнча чексиз, түбү жок, себеби Кудай Өзүнүн жакшылыгында жана сүйүүсүндө чексиз.
Экинчи бата: биз өзүбүздү жакшыраак түшүнөбүз
Кудай бизди талкалаганда биз өзүбүздү өзүбүз жакшыраак түшүнө баштайбыз. Биз бала чактан тартып өз жашоо жолубузду, өз адаттарыбызды жана умтулууларыбызды туура баалоого жөндөмдүүбүз. Биз өз жашообуздагы белгилүү окуяларды жана алардын бизге таасирин жаңыча кабыл алып баштайбыз. Биз өзүбүздүн айыптарыбызды, кемчиликтерибизди көрөбүз жана айланадагыларга сүйүү бере албай турганыбызды, алардан сүйүү кабыл ала албай турганыбызды да байкайбыз. Биз өзүбүздүн көз карандылыгыбызды, чектелгенибизди жана жетишпестиктерибизди көрөбүз. Коркунуч бизди байлап, Кудайдын ойлорунун биздин жашообузда аткарылуусуна жол тосуп жатканын көрөбүз.
Ошондой эле биз Кудайдын бизге кандай гана таланттарды жана жөндөмдүүлүктөрдү бергенин түшүнөбүз. Биз Кудай бизди өзгөртүп жатканын жана бошотуп жатканын көрөбүз. Талкалануу мезгилинде Кудайдын биздин үстүбүздөн кантип назиктик жана ырайымдуулук менен иштегенин байкайбыз.
Талкалануу убагында биз болуп көрбөгөндөй биздин күнөөкөр экенибизди ачык түшүнүп баштайбыз.
Талкалануу дайыма Кудай биздин жашообуздан түп-тамыры менен жок кылгысы келген күнөөгө — текебердикке, тил албастыкка жана башка кемчиликтерге багытталган. Биз талкаланганда Машайакты Куткаруучу катары кабыл алган болсок да, бизде күнөө жасоо жөндөмдүүлүгү жок болбогонун байкайбыз. Бул бизди абдан кайгыртат.
Азап чегүүнүн өрөөнүнөн өтүп жатып, биз өзгөрүлүп жатканыбызды байкайбыз. Кудай бизди тазалоону жана боштондукка чыгарууну улантуу менен жаңылайт. Күнөө аралашмага окшоп биздин жаныбыздан катмар-катмары менен алынып ташталат.
Кээ бир адамдарга алар Машайакты Куткаруучу катары кабыл алаар замат күнөөлүү эски жашоодон гана эмес, азыркы учурдагы күнөө жасоого тартылуудан да толук боштондукка чыккандай сезилет. Куткарылуу бизди Кудай тарабынан акталган күнөөкөрдүн абалына коет. Бирок эгер бизде мурункудай эле күнөө жасоо жөндөмдүүлүгү сакталып калганын түшүнбөсөк, биз уялууну, көңүл калууну жана кайгырууну сезе турган болобуз. Аягында биз ийгиликке жетпейбиз. Мындай учурда биз куткарылганбызбы же куткарылуу эми биз үчүн жокпу деген суроолорду ойлонуунун кереги жок. Күнөө бизди Кудайга кайрылууга жана биздин жашообуздан күнөө жасоого болгон адаттан түп-тамырынан жулуп ташта деп Андан суранууга түртүүсү керек.
Биз куткарылууга ээ болгондо, күнөө биздин үстүбүздөн күчүн жоготот. Римдиктерге жазылган катта (6:14) айтылат: “Күнөө силердин үстүңөрдөн бийлик жүргүзө албайт. Анткени силер мыйзамдын бийлиги астында эмес, Кудайдын ырайымынын астындасыңар”. Биз душмандын бийлигинен бошонгонбуз. Биздин кожоюнубуз Кудай болуп саналат. Пабыл: “Ошентип, силер күнөөнүн бийлигинен бошотулуп, адилеттиктин кулу болуп калдыңар”, — деп улантат (Рим.6:18). Бул биздин Кудай менен туура мамиледе болууга жана Ал бизди чакырган кызматты Ыйык Рухтун күчү менен алып барууга тынымсыз умтулганыбызды билдирет. Биз каршылык көрсөтүп баштаган ар бир учурда, биздин биринчи кыймылыбыз: “Теңирим, мага жардам бер. Мени тазала. Мен Сага баш ием”, — деген сыйынуу болуусу керек.
Өзүбүздү өзүбүз түшүнүү бизге Кудай бизди талкалаганда келет. Бул бата бизге таң калычтуу эркиндикти — күнөөдөн жана күнөө үчүн болгон жазадан эркиндикти берет.
Биз күнөөлүү сезимден эркинбиз. Биз күнөөлүү сезимди сезүүдөн бошонобуз жана ошол эле учурда кечиримди кабыл алабыз.
Биз күнөө менен жалгыз күрөшүү милдетинен эркинбиз. Кудай бизди бекемдөө үчүн, шайтанга жана анын азгырыктарына каршы турууга жардам берүү менен, биз менен бирге болот.
Биз дүрбөлөңдөн эркинбиз, дайыма биз туура жасадыкпы же жокпу деген ишенбестиктен бошпуз. Ыйык Рух өз убагында биз туура эмес иш жасап жатканыбызды түшүнүүгө жардам берет.
Бизде күнөө жасоого болгон шыгыбыздын сакталып калганына карабастан, Ыйса Машайак аркылуу бошотулганыбызды — биз күнөөнү соттой алаарыбызды, эгер күнөө жасасак, кечирим алаарыбызды жана анын үстүнөн жеңишке жетээрибизди билүү — кандай гана улуу бата!
Эркиндик менен бирге Кудай бизге тынчтыкты, ички бейпилдикти жана күнөө менен болгон негизги күрөш токтогонуна болгон ишеним берет. Кудайдын колунда биз коопсузбуз. Бизге тынчтыкты сезүү үчүн, ичимдикке же баңгизаттарга кайрылуунун кереги жок. Талкаланууну бир жолу баштан өткөрүп, жана Кудайга моюн сунуу менен, биз акыл жеткис жана түшүндүрүлгүс тынчтыкты алдык (Фил.4:7 кара).
Үчүнчү бата: биз башка адамдардын кайгы-кубанычына ортоктош болобуз
Талкалануунун негизинде Кудайдын жана өзүбүздүн табиятыбызды терең түшүнүүгө ээ болуу менен биз айландагыларга башкача карап баштайбыз. Биз башка адамдар бизден жаман эмес жана жакшы эмес экендигин көрүп баштайбыз.
Биз баарыбыз күнөөкөрбүз. Биздин баарыбызга Кудайдын ырайымы жана Ыйык Рухтун жаңылоочу күчү керек. Биз баарыбыз өзгөрүлүшүбүз жана өсүшүбүз керек. Бир да кемчиликсиз жана катасыз адам жок.
Талкалануунун негизинде биз мындай деп айта алабыз:
• “Ата, Сен дайыма мага чыдайсың. Мен да аларга чыдай алам”.
• “Ата, Сен мага жакшылык жана ырайым көрсөтөсүң. Демек, мен да ага мээримдүүлүк жана ырайымдуулук менен мамиле жасай алам”.
• “Ата, Сен мени кечирдиң. Мен да мага жараат алып келгендерди кечире алам”.
Талкаланууну баштан өткөрүү менен, биз өзүбүздүн жакындарыбызды азыраак сындап калабыз жана азыраак соттойбуз. Талкалануунун жардамы менен бизде жаңы сапат ачылат — биз адамдарды Кудайдын сүйүүсү менен сүйүп баштайбыз. Биз жашообузда ээ болгон эң керемет баталардын бири — бул башка адамдын Кудайга келүүсүнө жана Анын ичинде өсүүсүнө жардам берүү жөндөмдүүлүгү.
Төртүнчү бата: бизде жашоого болгон суусоо ойгонот
Биз өз алсыздыгыбызды сезип, өз мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чектелгенин түшүнгөнүбүздө, бизге Кудайдын чексиз жана шартсыз сүйүүсү ачылат. Ошондо биз Кудай бизге берген жөндөмдүүлүктөрдү жаңыча баалап баштайбыз. Биздин жүрөгүбүз Теңир биз үчүн кылган бардык нерселерге Ага болгон ыраазычылыктарга толуп баштайт.
Ал тургай, ырлар да жаңы мааниге ээ болуп, башкача угула баштайт. Биз жашоого жаңыча мамиле кылып баштайбыз. Чыгармачылык ишмердик каалоолор ойгонуп баштайт. Биз тааныбаган адамдар менен тайманбастан сүйлөшүп баштайбыз жана сезимдик алсыздыктан коркпойбуз. Биздин жаныбызды каптап турган коргоочу бек соот талкаланды, ошондуктан биз чын жүрөгүбүз менен күлөбүз жана ыйлайбыз. Бизде жашоого кубана турган жаңы жөндөмдүүлүк пайда болот. Бул жакшы, таза жана булганбаган кубаныч.
Бешинчи бата: Биз Кудайдын катышуусун курчураак сезебиз
Кудай дайыма биз менен, бирок, талкалануу аркылуу биз Анын катышуусуна бир кыйла сезимтал болуп калабыз.
Менин жашоомдо көп жолу Кудай мени калтырып койду деп ойлогон учурлар болду. Бирок мен ошол эле учурда мындай эмес экендигин — Кудай дайыма менин жанымда болгонун түшүнчүмүн. Анын катышуусун биз күтпөгөн жерде — азап чегүүдө көп байкай баштайбыз. Кудай бизди сооротот жана бизди эч качан таштабай тургандыгына жана унутпай тургандыгына толук ишеним берет.
Так ушундай учурларда Кудай биздин жүрөгүбүзгө бизди сүйө тургандыгын айтат. Ал биздин Ал үчүн баа жеткис экендигибизди жана бизге дайыма жакшылык гана каалай тургандыгын айтат. Кудай биздин ичибизде жана биз аркылуу иштөө менен, дайыма биз менен боло тургандыгына ишендирет.
Биз Кудай биздин жаныбызда экендигине толук ишенсек, биздин жүрөгүбүздө тынчтык болот жана биз толугу менен коопсуздукта экендигибизди сезебиз. Кудай бизге биз эмнеге муктаж болсок, баарынын булагы бир гана Өзү экендигин ачып берет. Бул ишеним бизди коркунучтан жана тынчсыздануудан бошотот, биздин жүрөгүбүзгө тынчтыкты, ошондой эле бизди ишенүүгө болбой турган шарттарда да калтырбай турган, сөз менен жеткире алгыс кубанычты уялатат.
БУЛ БАТАЛАРДЫ АЛУУ ҮЧҮН АЗАП ЧЕКСЕ ЭЧ НЕРСЕ БОЛБОЙТ
Кудай чыдамдуу. Ал биздин азап чегүүбүз качан бүтөөрүн билет жана Ал биз үчүн даярдап койгон баталар биздин күтүүбүзгө татыктуу. Биз Кудайдын эркин аткарсак, талкалануунун артынан келе турган баталарды алып баштайбыз жана мындай деп айтабыз: “Мен бул сыноолор үчүн ыраазымын. Кудайга даңк, баары аркада калды! Ал мен үчүн кам көргөнү үчүн жана мени бул жол менен алып жүргөндүгү үчүн Кудайга даңк. Мен бул азап чегүүлөр аркылуу алынган баталарды эч нерсеге алмаштырбайм!”
Ыйса Өзүнүн айкаш жыгачка кадалган күнүн карап: “Эх, мындан качканга эч кандай болбоду”, — деп айтканы кандай болмок. Жок, дагы бир ирет жок! Ал Өзүнүн эмнеге белгиленгенин жана Анын айкаш жыгачка кадалуусу жана Анын даңктуу тирилүүсү кандай бата болоорун билген.
Биз Ыйса кылгандай кыла алабыз. Эгер биз өзүбүздүн азап чегүүбүздү келечектеги батанын жарыгында карай турган болсок, анда дайыма Кудай бизди талкалагандыгы үчүн ыраазы болобуз. Биз өзүбүз сезген оору үчүн да ыраазы болобуз.
ООРУНУН ТАЗАЛООЧУ КАСИЕТИ
Бир нече жыл мурун сыйынуу учурунда менин башымда “оорунун тазалоочу касиети” деген фраза туулду. Мен бул сөз эмне экендигин түшүнгөн жокмун, бирок мен аларды Кудай мага бергенин билем, демек бул маанилүү болгон. Эки жума өткөндөн кийин менин апамдын жүрөгү кармап, үч айдан кийин ал кайтыш болду. Ошондо мен бул Кудай мага айткан ошол оору деп ойлодум. Апамдын оорусу мага да катуу оору алып келди. Анын азап чегүүсүндөгү үч ай бою Кудай мени бизди тазалай тургандыгына ынандырды. Биздин жашообузда тазалоо процесси жүрүп жатты.
Ал учурда мен бул оору апамдын өлүмү менен өтүп кетпей тургандыгын билген жокмун. Менин жашоомдо кийинки төрт жылдын ичин толтурган азап-кайгыга айландырган, биринен артынан бири болгон окуялар боло баштады. Бирок мен азыр артыма кайрылып, чын жүрөктөн айта алам: “Мени Кудай көп ирет жана көп түрдүү жол менен тазалаганын билем”. Кудай мага көп нерсени ачып берди. Ал мени көп нерсеге үйрөттү жана мени күчтүүрөөк, акылдуураак жана мыктыраак кылды. Ал баарын жакшылыкка айландырды.
Бүгүнкү күндө мен Кудайдын менин жүрөгүмдү жумшартканын, менин акылымды жаңыртканын, мени бардык келгиндер үчүн боорукердик кылууга үйрөткөнүн көрдүм. Мен бул тажрыйбаны дүйнөнүн эч бир нерсесине алмаштырбайм. Сыртынан талкалагандай көрүнгөн нерсенин баары, мен үчүн бекемдөөчү болду. Сиздин өмүрүңүздөгү бардык оорулуу окуяларды каргыш деп атоого шашпаңыз. Аларда бата жашырылган. Биз өзүбүзгө булар жөнүндө дайыма эскертүүбүз керек.
Бул менин бардык окуялардын максатын жана алардын себебин түшүнөм дегенди билдирбейт. Кээ бир нерсе биз үчүн Анын алдына барганга чейин табышмак боюнча калышы мүмкүн. Мунун айынан оору оору болбой калбайт. Бирок Кудай менде иштеп жатат деген түшүнүк мага ачууланууга, кайгырганга жана жүрөктү катуулантканга жол бербейт. Мен: “Мен бул ооруну көтөрө алам жана Кудайга дагы жакыныраак болом. Мен бул тынчсыздануудан эң жакшысын алам. Мен ачууланбайм, тескерисинче, кубанам!” — деген ойду карманууга аракет кылам.
Эгер биз таарынычты жашырып, кайгы менен жана жүрөктөгү оору менен жашасак, анда биз жеңишти көрө албайбыз. Бизге айланадагылар алып келген ооруну унутсак, биз өзгөрө алабыз жана Кудай бизди кандай көргүсү келсе, ошондой болобуз.
БАТАНЫН ШАРТТАРЫ
Кудай азап чегүү аркылуу батага ээ болуубуз үчүн жалгыз гана шарт коет: биз Ага баш ийүүбүз керек.
Эгер биз Анын алдында тизе бүксөк, анда Ал талкалануу аркылуу бизди толук жеңишке алып барат. Мындай жеңишке жетүү үчүн айлар же жылдар талап кылынуусу мүмкүн, бирок ал сөзсүз түрдө ишке ашат.
Эгер биз өз моюн сунбастыгыбызда көгөрүп туруп алсак жана Кудайды уккубуз келбесе, анда биз өзүбүздү өзүбүз Кудайдын баталарынан кур калтырабыз. Кудай мурдагыдай эле бизге бата берүүнү каалайт, бирок биз Анын баталарынын жолуна ишенбестик жана ыраазы болбостуктун тоскоолдуктарын коебуз. Кудайдын баталары, Кудай — бизде жана биз менен, ал эми биз — Кудай менен экендигибизде. Биз Кудайды биздин жашообуздун кандайдыр-бир сферасына киргизгибиз келбесе, Ал бизди калтырып коет — Ал биздин тандообузду сыйлайт. Ушундай кылуу менен биз Анын бизде Өз ишин аткарууга жана бизди өзгөртүүсүнө жол бербейбиз. Биз Кудайды жана өзүбүздү таанып билүү жөндөмдүүлүгүн, жакындарыбызга боор ооруну жана жашоого болгон кызыкчылыгыбызды жоготобуз. Ошентип, биз Кудайдан ого бетер алыстайбыз.
КУДАЙ БИЗДЕ ИШТЕГЕНИН УЛАНТЫП ЖАТАТ
Элчи Пабыл Филиппидеги машайакчыларга өзүнүн толук ишеними тууралуу “силерде баштаган жумушун Ыйса Машайак келген күнгө чейин бүтүрөт ” деп жазган (Фил. 1:6 кара).
Кудай биздин үстүбүздөн иштеп жатканда колун түшүрбөйт. Ал эң аягында биздин Ыйса Машайакта жеткилең болуп калганыбызча бизди бара-бара талкалоо менен Өз жумушун улантат.
Достор, бул биздин өлүмүбүздөн кийин ишке ашат го. Бул жашоодо биздин эч кимибиз бул күнөөкөр дүйнөдө жашап, Асман Падышачылыгында Ата менен жолугушканга чейин, жеткилеңдикке жетишпейбиз. Бирок сүйүнчү кабар да бар: Кудай биздин руханий өсүүбүзгө дайыма жардам берет. Ал биздин жашообузда иштегенин токтотпойт.
Биз минтип же тигинтип, талкалануудан эч кача албайбыз. Бул үчүн Кудайга даңк. Ал бизди ушунчалык сүйгөндүктөн бизди эч качан таштабайт, эч качан бизге болгон кызыгуусун жоготпойт жана эч качан бизди четке какпайт. Ал биздин Аны менен болгон мамилебиз эч качан токтобостугун каалайт.
Кудай бир гана нерсени: Ал биздин Кудайыбыз болууну, ал эми биз Ага даңк берген Анын эли болуубузду каалайт.
Эпилог. МЕНИН СИЗ ҮЧҮН СЫЙЫНУУМ
Асмандагы Ата, биз Сенин сүйүүңдүн жана кам көрүүңдүн толуктугун таанып билүүбүз үчүн, кандай гана сүйүү жана назиктик менен, кандай гана ырайым жана жакшылык менен бизди Өзүңө тартасың!
Биз Сенин бизде жана биз аркылуу иштөөңдү улантышың үчүн сыйынабыз. Биздин жашообузда Өзүңдүн ойлоруңду ишке ашыр, Теңирим.
Кудайым, мен Сенин Сени тааныбагандардын баарын, өзүн жоготуп, акылы жетишпегендиктен кайда бара жатканын түшүнбөгөндөрдү, өз жашоосунун маңызын билбегендерди Өзүңө көңүл бурдур деп сыйынам. Кудайым, аларга Ыйса Машайакты Куткаруучу катары кабыл алууга жардам бер. Алар Ага өз Теңириндей толук ишенишсин. Мен алардын Ыйык Рухтун жетекчилигине таянуулары үчүн, алар өмүр жолунда Ыйык Рухтун жаңылоосуна жана бекемдөөсүнө жол берүүсү үчүн сыйынам.
Асмандагы Ата, мен Сени менен рухий жакындыкты издеп жаткандарга, суусап жана чаңкап жаткандарга, кызматта ийгиликке жеткиси келгендердин баарына жооп беришиң үчүн сыйынам. Аларды Сен каалагандай кылып талкала жана айыктыр, Теңирим. Сен аларга өзгөчө кызмат бере алышың үчүн, алар руханий өсүшсүн.
Бизди үйрөт, Асмандагы Ата. Биз кантип өзгөрүлүүбүз, өсүүбүз жана өрчүүбүз керек экендигин ачып бер. Биздин жашообузда Сенин ойлоруң ишке ашуусу үчүн тоскоол болгон бардык нерселерди таштоого бизге жардам бер. Сен бизди эмнеге чакырган болсоң, баарын ыраазычылык менен кабыл алууга бизге жардам бер.
Биз Сенин биз үчүн бардыгы болушуңду каалайбыз. Биз Сени мыктыраак билүүнү, Сага жакыныраак болууну жана биздин жашообузда Сенин катышууңду тереңирээк сезүүнү каалайбыз.
Атаке, биз Сенин бейнең жана Сага окшош болуубуз үчүн бизди талкала. Бүгүн биз Сага өзүбүздү тапшырабыз — бизге жакшы болушу үчүн жана Сенин түбөлүк даңкың үчүн, бизде иште, Теңирим.
Ыйса Машайактын атынан. Омийин.