Джош Макдауэлл Кристобал Крузен менен биргеликте КЕБЕЛБЕС Кайгылуу эскерүүлөрдөн тартып айтып түгөткүс ырайымга чейинки жолду басып өткөн адамдын чыныгы окуясы Бул китепти мээримдүүлүк менен менин сүйүктүү балдарыма — Келлиге, Шонго, Кейт менен Хизерге — жана алардын жубайлары: Майклга, Стефанга, Джерри менен Дейвидге арнайм. Ошондой эле эскерүүлөрдүн бул барактарын менин кымбаттуу неберелериме: Скоттиге, Шонго, Квинге, Беккет менен Бреннеге жана бул дүйнөгө алардан кийин келе тургандарга арнайм (силердин төрөлүшүңөрдү биз чыдамсыздык менен күтөбүз!). Менин жашоомдо болгон окуя сиз кандай абалда болсоңуз да, сиздердин ар кимиңиздерди биздин Теңирибизге ишенгенге шыктандырсын деп сыйынам. Дайыма Рим. 1:16 ыйык китептик аятты эстеңиздер жана аны бекем карманыңыздар. АВТОРДОН Мага өзүмдүн балалыгымдагы жана жаштыгымдагы эскерүүлөр менен көп жолу бөлүшкөнгө туура келди. Мен элдин алдына чыгып, бул жөнүндө көп адамдарга кайрылып айттым. Бирок парданы өйдө көтөрүп, бүт картинаны жалпы көрүүгө ачып бергенге эми гана мүмкүнчүлүк пайда болду. Мага авторлордон, ошондой эле кинокомпаниялардан менин бала чагым жана күбөлөндүрүүлөрүм жөнүндө фильм тартуу сунушу түшкөнүнө бир эле жыл болгон жок. Бирок беш жыл мурда фильмдери көптөгөн сыйлыктарга татыктуу болгон белгилүү режиссер Кристобал Крузен менен таанышып калганга чейин мен буга такыр бел байлай алган жокмун. Мен бул оңой эмес тапшырманы — менин аңгемелеримди өмүргө айландырууну дал анын өзүнө ишенип тапшырдым. Ооба, бул китеп чындыгында эле ошондой — бул менин аңгемем, менин өмүр жолумдун башталышындагы көтөрүлүүлөр менен кулоолорду мүмкүн болушунча толугураак ачып берүү үчүн коюу боек менен жазылган менин тарыхым. Сиз анын бетинде жолуктура турган башка-башка персонаждар мен жолукканга туура келген ар түрдүү реалдуу адамдар жөнүндөгү эскерүүлөрдөн турган жыйынтыктуу образды алып жүргөнү менен, чыныгы болгон окуяларды баяндайт. Мен диалогдорду эсимде калганчалык так аныктаганга аракет кылдым. «Кебелбес» деген аталышына келе турган болсок, мен өзүмдүн кандай болгонумду бир сөз менен жыйынтыкташ үчүн тандап алдым, балким аны өзүм деле билген эместирмин. Бала чагымда менин үлүшүмө оңой эмес сыноолор туш болду, бир эле жолу эмес, көп жолу, бирок ага болгон менин реакциям эч нерсенин алдында токтобостон, кандай баа менен болбосун жеңип чыгууга умтулуу болчу. Ницшенин «мени өлтүрбөгөн нерсе мени күчтүүрөөк кылат» деген сөзү кудум эле мага айтылгандай сезилчү (айтмакчы, мен ал кезде бул адамдын ким болгондугунан кабарым да жок эле). Кыйынчылыктар чын эле мени күчтүү жана чечкиндүү кылып койду. Бирок бул үстүртөн болгон күч — коргоочу механизм, караңгы чуңкурларды жашырып турган көрсөтмө бет кап болчу. Чындыгында болсо мен сүйүүгө жана эч нерсеге карабастан мен кандай болсом, ошондой кабыл алган адам менен болгон чыныгы жакындыкка умтулчумун (биз баарыбыз эле ушуга умтулабыз). Он бир жашка толгон кезде мен өзүмдү Кудай да, адамдар да унутуп койгон жер жүзүндөгү эң жалгыз адам катары эсептечүмүн. Сиз бул китептен үйрөнө турган себептер менин үй-бүлө — туруктуулукту, ата — коргоону, адамдарга ишенсе болоорун жана ишениш керектигин билдирген ойлорду четке кагышыма мажбур кылган. Мен Кудайга да артымды салганмын — Ал үчүн ачуум келип турганда айтылган жеме сөздөрүм гана бар эле. Өзүмдүн каталарымды жана алсыздыктарымды мен, албетте, мойнума алгым келчү эмес. Тилекке каршы, чындыктан мындайча жүз үйрүү жан үчүн канчалык зыяндуу болоору эсиме деле келбептир. Терең коркунучтарымдын айынан, жашоомдо болгон окуялардын айынан пайда болгон өзүмө ишенбестигим мындан ары да баары үчүн сыр бойдон калышына бүт күчүмдү жумшаганмын. Мен өзүнүн анткорлугу менен айланадагы бардык адамдарды сонун окуй ала турганына жана жаза ала турганына ишендире алган сабатсыз айлакер адамдай болчумун. Балким, менин окуяларымдын кээ бир бөлүкчөлөрү же нюанстары сиздин жеке окуяңызды эстегенге мажбур кылат чыгар, ошол эле убакта башкалары (бактыга жараша) менин мойнума алган күнөөлөрүм катары гана кала берет. Мен баары бир басып өтүшүмө туура келген ошол бардык азаптарга карабастан, миллиондогон адамдар меникинен да аша түшкөн катаал жана кыйын балалыкка дуушар болгонун билем. Ыйык Китепте, Аюбдун китебинде, «бирок адам бийикке учкан учкун сыяктуу азапка туулат» — деп айтылат (5:7). Менин жашоомдо аз эмес учкун болгон, анын ичинде өмүрүмдү толугу менен өзгөрткөн жана өзү менен кошо үмүт алып келген учкундар да бар эле. Сиздерди бул китепти окууга чакыруу менен мен сиздерге Тирүүнүн, Эң Күчтүүнүн жардамы менен жашоодогу ишенимдүү кадамдарды таштай ала турганыңыздар жөнүндө ойлоп көрүүнү сунуш кылаар элем. Джош Макдауэлл, апрель 2012 БИРИНЧИ БӨЛҮМ. ЖЕР БЕТИНДЕГИ БАРДЫК НЕРСЕ ЭҢ СОНУН Бул күн өзгөчө ысык болду, айрыкча эрте жаз үчүн. Батыш Чикагодон элүү километр алыстыктагы Иллинойс штатынын Уитон шаарчасында соккон желаргы ичкери кирсин үчүн менин унаамдын терезелери толугу менен түшүрүлгөн болчу. Мен Уитон колледжинин биринчи курсунда окучумун, күндүн экинчи жарымында болсо жергиликтүү орто мектептерге кызмат кагаздарын жеткирип, акча тапчумун. Бирок бул жумуш мен үчүн жөн гана акча табуу эмес, колледждеги толгон-токой окуу программасынын айынан пайда болгон үзгүлтүксүз басымдан бир азга болсо да тыныгуу болуп саналчу. Мен Чикагодон келе жаткан электричка келерден мурда Чейз-стритке кеткен темир жол өткөөлүн кесип өтөм деп үмүт кылдым, бирок өткөөлгө жакындаарым менен көрүнбөгөн режиссердун эрки менен ишке ашып жаткандай, шлагбаум түшүрүлүп, эскертүүчү сигнал берилди. Мен кол тормозду тарта коюп, бир аз дем алып алыш үчүн орундукка жөлөнө түштүм. Сигналдын катуу үнү ошол мезгилде менин унаамдагы радиодон чыгып жаткан ырдын үнүн басып салды: ал «Сен мени эртең сүйөсүңбү?»[1] деген биринчи номердеги хит ыр болчу. Мен арт жакты көрсөткөн күзгүгө карадым: арт жагымдагы дөбөдө жайгашкан Уитон колледжинин студенттик шаарчасы алаканга салынгандай көрүнүп жатты, а дөбөнүн так чокусунда болсо кадырлуу Бланшар-Холл көргөн көздү суктандырып турду. Улуу имарат Ыйсанын Матай жазган Жакшы Кабардагы сөзүн эске салып турду: «Тоо үстүндөгү шаар жашырына албайт» (5:14). Бүтүрүүчүлөрүнүн масштабын эске алганда, Уитондун академиялык дүйнөдөгү репутациясы жана кадыр-баркы көптөн бери талашсыз экендиги анык: Билли Грэм жана Рут Бэлл Грэм, жазуучулар Маргарет Лэндон жана Элизабет Эллиот, астроном Гарольд Олден, ошондой эле миссионер-азап тартуучулар, Джим Эллиоттун, Нейт Сендин жана Эла Маккаллинин аттары гана эмнелерге татыбайт. Мага, Уитондун келечектеги бүтүрүүчүсүнө, бул дүйнөдө өзүнүн белгилүү изин калтырып кеткенге мүмкүнчүлүк болобу? Эгерде ооба болсо, анда ал кандай из болмокчу? Ишенимге келгениме салыштырмалуу аз эле убакыт болгон жана менин руханий жашоом али «калыптануу мезгили» деп аталган стадияда болчу. Жолу болбогон үй-бүлөдө чоңоюп, Мичиган штатындагы Юнион-ситиде өткөн бала чагымдан тартып, мен Кудайдын бар экендигин жокко чыгарчумун, өзүмдү өз тагдырымдын кожоюну — өзүм экенине ишендиргенге аракет кылганмын. Андан кийин, он эки жашка чыкканда, чакырууну кабыл алдым, анын жообу ошол кезде мага мени Кудай жөнүндөгү бардык ойлордон арылта ала тургандай сезилген маселе болчу, мен анын чечилишин табууга бел байладым. Анан ошондо өтө таң калыштуу бир нерсе болду. Мен Кудайдын бар экенин жокко чыгарган далилдерди издеп жүргөн учурда, Ал Өзү менин жашоомо Өзүн көрсөтүп берди, анын ажырагыс бир бөлүгү болуп калды. Менин жашоомдун агымы кескин өзгөрүшү үчүн бир канча айлар керек болду. Мына ошол мезгилде өзүмдүн шаарчам Бэтлл-Криктеги муниципиалдык Келлога колледжинде экинчи курсту аяктап, Уитонго которулдум. Менин көзүм кайрадан бет алдымдагы рельстерде зымырап бара жаткан электричкага бурулду. Бирок өтүп бара жаткан поезддин үнүнөн кандай сооронууну табууга болот! Эсиме балалык жылдарым келе түштү, түн ичинде төшөгүмдө жатып алып, алыстан чыккан жүк ташуучу поезддердин күңгүрөгөн үнүн укчумун, ал биздин фермадан болжол менен эки милдей алыстыктыктан жаңырып турчу. Алардын дөңгөлөгүнүн такылдаганы Мичигандын айдоо жерлеринен ээн-эркин өтүп турчу. Алдыга умтулган локомотивдер өзүнүн добушу менен түнкү жымжырттыкты тайманбастан бузуп турчу, алардын артынан вагондор бир калыпта шалдырттап, мени эң сонун бешик ырынан бетер алдейлер эле. Мен эсиме түшө калган эскерүүлөрдөн улам күрсүнүп да алдым. Эмне үчүн экенин өзүм да билбейм, менин акылымда Роберт Браунингдин поэмасындагы белгилүү саптар жаңырып жатты: «Кудай асманда, жер бетиндеги бардык нерсе эң сонун». Эскерүүлөргө берилип кетип, радиодон чыгып жаткан ырга акырын кошулдум. Кокусунан арт жакты көрсөткөн күзгүдөн түз эле мен тарапты көздөй келе жаткан жүк ташуучу унааны байкап калдым. Жолдун бул четинен аркы четине чыга түшкөн ал тормозду тепкендин ордуна ылдамдыкты ашырып жатканы анык эле. Бүт күчүм менен көзүмдү ирмедим — менин көзүмө көрүнүп жаткан жокпу? Бирок жок, жүк ташыгычтын токтой турган түрү жок, — эми тормоздогонго да болбой калган эле. Электричка болсо дагы деле өтүп жатты, мен артка айдаш үчүн ылдамдыкка жабыша калдым. Бирок буйтап кеткенге кеч болуп калган эле. Мен ылдамдыкты алмаштырып, бүт күч менен тормоздун педалын басып, соккуну кабыл алыш үчүн толугу менен кысылып калган кезде, жүк ташыгыч мага дээрлик сайылып калган эле. Кандайдыр-бир секунд аралыгында көз алдыма менин бүт жашоом — көп жолу унуткум келген ошол жашоом тартыла түштү. ЭКИНЧИ БӨЛҮМ. БАШЫНДА Балалык жылдар — жашоонун эң кызыктуу мезгили деп коюшат. Балким ошондой болушу керектир. Бирок менин жашоомдо бул сөздөр чындыктан алыс. Бул жөнүндө айтуу канчалык оор болсо да, баары бир мага атам менин төрөлүшүмдү фермада дагы бир жуп жумушчу кол пайда болот деген себептен гана күткөндөй сезиле берет. Бирок мен балалык жылдарымда ал өзү минтип айтканын бир жолу да уккан жокмун. Ошондой болду — менин балалыгым (көбүнчө жылаңаяк) Мичигандагы Юнион-сити шаарчасындагы биздин ферманын жумуштарында өттү, ушундай жашоодогу таяныч менен туруктуулукту болсо өз апамдан, үйдөгү жумуштан жана мектептен (так ушундай тартипте) тапчумун. Бирок менин атам менен болгон мамилем дайыма татаал бойдон калган. Анан да сага өз уулуна караганда көбүнчө малайга мамиле кылгандай мамиле кылган адамдын сүйүүсүнө жана урматтоосуна татыктуу болууга кантип болсун? Уилмот Макдауэлл 1898-жылы Индианада туулган жана үй-бүлөдөгү он баланын бирөөсү болгон. Өз жашоосунун кайсы-бир мезгилинде ал Айдаходогу Фримот аймагына көчүп келген, ошол жерде 1919-жылы менин келечектеги апам Эдит Джослинди жолуктуруп, анан алар үйлөнүшкөн. Алардын биринчи баласы кичүү Уилмот эки жылдан кийин жарыкка келген. Менин атам өзгөчө денелик күчү менен айырмаланчу эмес, бирок андан тартып ала албай турган нерсе — биринчи жүрүшчүлөрдүн мезгилинен жетип келген өжөр аскердик рух болчу. Ал Монтана тоолорундагы татаал ашууларды ашып, жез жана күмүш кендери чыккан жерге азык-түлүк жана токой материалдарын ташып жеткирип турган жүк ташыгычтын айдоочусу болуп иштеген кезде, бул мүнөз ага жакшы кызмат кылды. Мындай алыс жана элсиз жерде бардык нерсе болушу мүмкүн эле жана болгон да. Ошондуктан жаш кезинде эле атам ар түрдүү оңой эмес абалдардан мүмкүн болгон ар түрдүү ыкмалар менен чыгып кетүүнү үйрөнгөн. Апам болсо, тескерисинче, назик жан болчу. Ал Нью-Джерсиде туулуп өскөн жана анын үй-бүлөсү негизинен Англиядан келип чыккан укум-тукум болчу. Ал буга аз эмес сыймыктанчу, өзүн маданияттуу жана билимдүү айым эсептечү, ошондой эле биздин үйүбүздө төп келген тартипти сактаганга колунан келишинче аракет кылчу. Ал менин атамдан эмнени тапты экен? Алар бири-бирин сүйүшкөн жана ал ичкич болуп кете элек кезде үйлөнүшкөн деп болжолдой алам. 1920-жылдарда Айдаходон жумуш табуу барган сайын татаалдаган, менин эжем Шерли төрөлгөндөн кийин үй-бүлөбүз чыгыш жакка орун которуп, Детройтко жайгашкан. Бирок ичимдик менен болгон проблема кайрадан өзү жөнүндө билдиришине көп убакыт керек болгон жок. Тынымсыз ичип туруп алуу менин атамдын «Атлантик жана Пасифик» деген чекене соода жүргүзгөн чоң дүкөндөгү кызмат ордунан кол жууп калышына алып келди, анан үй-бүлө кайрадан орун которушуна туура келди — эми жүздөн ашуун мил батыштагы Бэтлл-Крик шаарчасына. Ошол жерде Улуу депрессия чыга калды[2]. Бүткүл америкалыктар үчүн оор болгон ошол тапта ата-энеме тааныш бир аял, кайсы-бир Лиз деген эже, мага кийин айтып беришкендей, атам менен апама Юнион-ситинин тегерек четинен айыл чарба жерин белек кылыптыр. Ал эже муну менин ата-энеме өз жашоосундагы баарын башынан баштоо мүмкүнчүлүгүн берүү максатында жасаган экен. Бирок эгерде 1930-жылы менин экинчи эжем Джундун төрөлгөнүн эске албасак, аларда эч кандай жаңы нерсе болгон эмес. Тыйылбаган араккечтигинин айынан бул жумушун да жоготуп алганга чейин, атам кайсы-бир убакыт бою жергиликтүү дүкөндө башкаруучу болуп иштеп турган. Анда бүт күчүн сүт фермасына жумшагандан башка аргасы калган эмес. Чынында, ал жердеги өзгөчө ийгиликтери менен да мактанганга болбойт эле. Бирок, биздин бүт үй-бүлөбүздүн бактысына, кичүү Уилмотто (же болбосо Кичинекейде, биз өзүбүздүн арабызда аны ушундай атачубуз) эрте жашынан баштап эле фермерлик ишке болгон шык пайда болуп, атам жумушсуз болуп калган учурда ал өзүн эптүү кожоюн катары көрсөтө алган. Кичинекей АКФ нын («Американын келечектеги фермерлери») мүчөсү болгон жана өспүрүм курагында эле ал фермага «илимий мамиле» деп атаган нерсени киргизген. Жүрөгүндөгү тубаса кемтиктерге карабастан ал чыныгы эмгекчил адам болгон. Кичинекей абдан жөндөмдүү болгон, мектепте да акыркы окуучу эмес болчу. Анын үстүнө апам бухгалтерия ишин колго алган, ошентип, ферма кайсы-бир убакыт бою пайда келтирүүчү мекемеге айланган. Ошол жерде да иштин баарын бүлгүнгө учуратыш үчүн атама көп убакыт керек болгон жок жана мунун бардыгы бир күндө үч бөтөлкө шарап ичүү жана «окумуштууга үйрөтпө» деген позициясынын айынан болгон. Кичинекей менен атамдын ортосундагы каардуу жаңжал адаттагы көрүнүшкө айланып калды. Атамдын ферманы башкарууга дайыма кийлигишүүсү Кичинекейдин нервине тийчү. Бирок кер-мур айтышышканына карабастан, атам баары бир башка балдарына караганда Кичинекейди артык көрчү. Ошентип, Кичинекей менен да жалпы тил таба албаган ушундай ата менен жашоо бизге, башка бардык балдарына, кандай болгонун элестетип көрсөңүздөр болот. Мен төрөлгөндө Кичинекей он сегиз жашка чыккан болчу, Шерли Кичинекейден бир жашка кичүү эле. Менин эжем Джун болсо он жашта болчу. Ошондуктан биздин жашыбыздагы айырмачылык кээде мени деги эмне үчүн төрөлдүм экен деп ойлогонго мажбурлачу. 1939-жылдын ачык бир күнүндө жергиликтүү жыйындын пастору биздин үйгө келгенин айтышат. Биздин үй-бүлө жыйынга регулярдуу баргандардан эмес болчу, бирок насаатчы жаш жана энтузиазмга толо адам болгон экен, анын үстүнө өз милдетин алганына аз эле болуптур. Балким, шаардыктардан биздин үй-бүлө тууралуу жагымсыз сын-пикирлер анын кулагына жеткендир, анан ал бизди өзүнүн койчусу жок жүрө албаган адашкан койлор сыяктуу кабыл алганы айдан ачык. Кыскасын айтканда, апам аны конок бөлмөгө отургузуп, чай бериптир, ал апамдын кош бойлуулуктун тогузунчу айында экенин билген да эмес. Таң калыштуу эмес: бир метр алтымыш сантиметр боюнда ал дээрлик жүз элүү килограмм салмакта болчу (калкан сымал безинин көйгөйүнүн айынан). Мени тамашалап жатат деп ойлобоңуз, бул чын: ал эшиктен кире алчу эмес, кысылып араң өтчү, алгач бир капталы менен, андан кийин болсо экинчи капталы менен кирчү. Ушундай кенен белдин ичинде менин бөтөн көздөрдөн канчалык ишенимдүү жашырынганымды элестетүүгө болот. Бир жумадан кийин эле мен төрөлдүм, Макдауэллдердин үй-бүлөсү дагы бир эркек бала менен толукталганын билген пастор абдан таң калган! Апам мени чөмүлдүрүш үчүн жыйынга алып келгенде, ал андан бетер таң калган болсо керек. Апамдын кыз кезиндеги фамилиясы — Джослин — эң жаш курагымдан тартып эле, мени Джош деп чакырышканына карабастан, менин да алгачкы атым болуп калды. Чын, эгерде мен апамды кайсы-бир нерсе менен капа кылуунун олуттуу айласын тапкан болсом: «Бери келчи, Джослин Дэвид Макдауэлл!» деген сөздү угушума туура келчү. Мен төрөлгөндөн эки жума өткөндөн кийин улутчул Германия Польшага кол салган, а Франция менен Англия болсо Гитлерге каршы согуш ачкан. Эки жылдан ашуун убакыт өткөндөн кийин Перл-Харборду бомбалоо болгон жана менин эжем Шерли өз каалоосу менен медайым болуп аскерге кеткен. Ал биздин бактысыз үйүбүздөн суурулуп чыккан менин бир туугандарымдын биринчиси болчу. Менин эң биринчи балалык эскерүүлөрүм Шерли менен байланышкан. Үйгө өргүүгө келген учурда ал дайыма мага ар түрдүү белектерди алып келчү: бирде калайдан жасалган аскерлерди, бирде оюнчук танкалардын бүтүндөй армиясын. Менин көз карашымда, өзүнүн аскер кийиминде ал ушунчалык келбеттүү жана көркөмдүү көрүнчү — жөн гана сулуу кыз! Мен төрт же беш жашта болгондо, Шерли узун бойлуу Стэн деген десант менен бирге келди. Бир жолу ал мени четке чыгарып алып, жашыруун сөз бекитүүчү кебете менен минтип шыбырады: «Мен Стэнге турмушка чыкканы жатам, сенин да бул жерден кетип калышыңа жардам берем, Джош! А ал жакта болсо — ким билет? Балким, бир күн сен бизге келерсиң, анан биз чогуу жашайбыз». Акыры коштошо турган күн да келди. Мен боздоп ыйлап Шерлиге жабыштым, аны таптакыр кое бергим келген жок. Мен өзүбүздүн жергиликтүү кинотеатрда фильм башталардын алдында көрсөтүп берген кинохрониканы көргөн элем, ошондуктан анын согуш болуп жаткан жакка… кетип баратканын билгенмин, аны ошол жакта өлтүрүп коюшаары да мүмкүн эле. Бирок Шерлинин Стэн менен кол кармашып бара жатканын караганда, Флориданын же Калифорниянын кайсы-бир жерине эч кам санабай турган өргүүгө бара жаткандай ойлогонго болор эле. Анын кызмат боюнча келишиминин мөөнөтү бүтүп, жумуштан бошонуп, үйгө кайтуу мүмкүнчүлүгү пайда болгон кезде деле, ал Европада, эң алдыңкы катарда калууну артык көрдү. Бир жолу апамдын уктоочу бөлмөдө ыйлап отурганын көргөнүм жана эмне болгонун сураганым эсимде. Мага атам дагы бирдеме кылгандай сезилди. Бирок ал жерде атамдын айыбы жок экен. Ал ошондо Шерлиден кат алган болчу: катында ал согуш бүткөнгө чейин Европада калаарын жазган экен. Бактыга жараша, Шерли согуштан аман-эсен кайтты. Бирок бул жолу ал үйүбүзгө келген жок. Алар Стэн экөө үйлөнүшүп, Чикагого жайланышты. Ошентип, мен аларга көчүп бара алган жокмун, эми эмне себептен болгонун да эстей албайм. Бирок мен алардын үйүнө көп эле жолу конокко бардым. Бирок менин эң эрте балалыктагы эскерүүлөрүм башка эжем, Джун, менен байланышкан. Мен анын үйүбүздүн жанындагы кир жууганга арналган чоң бетон идиште мени жуунтканын эстейм. Апама өзүнүн дене түзүлүшүнүн айынан мени караган оңой эмес болчу, ошондуктан көбүнчө мени Джун бакчу. Мен төрт-беш жашта болгон кезде экөөбүз бирге шаарга барганыбыз эсимде. Джун өзүнүн жашынан улуураак көрүнчү, ошондуктан адамдар көбүнчө мени анын уулу деп ойлошчу. Кезүүлөрдүн биринде: «Балаңыз мынча жакшынакай, жөн гана карап тургуң келет!» деген сөздөр менен бир жашы өтүп калган аялдын Джунга кайрылганы эсимде. Бизди Бэтлл-Криктин тротуарында токтотуп алып, ал аял менин бетимден акырын сылап койгон. «Силер анын көгүлтүр тентек көздөрүнө карагылачы! — деп кошумчалады ал мени өпкөнчө. — Балким шок болсоң керек, ээ?» Джун жооп иретинде жылмайып, бейтааныш аялга жагынгысы келип: «Жок, ал таптакыр шок эмес. Эмне айтсам да, дайыма тил алат. Сен тил алчаак баласың да, туурабы, Джош?» — деп айтты. Мен башымды ийкеп: «Мен апамдын тилин алсам, ал дайыма мага балмуздак сатып берет!» — дедим. Бейтааныш аял таңдайын андан бетер такылдатып, капчыгынан тыйын сууруп чыкты. «Мына, мен да сага балмуздак алып берем, жаш жигит! — деди ал. Анан узап бара жатып, катуу үн менен, бирок өзүнө-өзү: Карачы, кандай акылдуу бала!» — деп кошумчалады. Биз эжем экөөбүз болсо, жолдон өтүп, Салливан балмуздак-кафесине кирдик, ал мага ванилиндүү балмуздактан эки порцияны буюртма берди. Мен Джунду абдан жакшы көрчүмүн. Ал сергек, ал тургай артисттик табияты бар жан болчу, пианинодо мыкты ойночу. Джун биздин үй-бүлөнүн дем берүүчүсү болгон деп айтса да болор эле. «Биздин заманда андай адамдар калбады» деген макал дал биздин Джун үчүн айтылган болчу. Мен көп жолу, эгерде анын күйөөсү атамдын какаганга муштаган шериги Мерл Лоури болбогондо, андан кандай адам чыкмак эле деп ойлонгонмун. Чын, үй-бүлөлүк жашоодо Мерл эжеме кол тийгизчү эмес (кандай болсо да, өзгөчөсүн кошпогондо), бирок баары бир эч нерсеге жарабаган араккеч болчу. Ал муздаткычтарды оңдой турган жаман эмес уста болчу, ал тургай эмнени болсо да оңдоп кете берчү, бирок көзү ачылбай арак иче бергени анын бутуна бекем туруп алышына жол берчү эмес. Ал өзүн-өзү колго ала албачудай сезилчү. Менин оюмча, Джун Шерлинин жолун жолдоп, фермадан тезирээк кутулуш үчүн эле Мерлге турмушка чыккан. Айтылды — койду, ошентип, тез эле беш баланы багышы керек болду. Ал тургай Мерлдин өзүн кошкондо — алтоону. Эсимде, бир жолу Ыйсанын туулган күнү майрамында биз балатынын тегерегине жайланышкан элек, белектерди ача турган мезгилди тамшана күтүп жатканбыз, анан бөлмөгө мас болуп калган атам кирип келди. Өзүнүн креслосуна кулай түшүп, коңурук тарта баштады, биз болсо анын артынан Мерлдин кирип келишин күткөндөн башка чарабыз калган жок. Бирок ал келген жок. Кийин билсек, ал мастыгынан тайгак жолдо тура албай, күрткүгө сайылып калыптыр, өлөрчө мас болгондуктан башка бирөөнүн жардамысыз ал жерден суурулуп чыга алмак эмес. Мерл кечке жуук гана пайда болду, болгондо да кайрадан арак ичиш үчүн, эми мунусунда атам экөө жуп болуп. Согуш бүткөндөн аз өтпөй эле, Кичинекей жергиликтүү Карла деген кызды сүйүп калды, ошол мезгилде ал өспүрүм кыз болчу. Биздин үй-бүлөдө эч ким аны олуттуу кабыл алган жок — анын ичинде мен да. Апам дайыма Карланы айтып даттанчу. Карла менен Кичинекей биздин короодогу бир кичинекей үйгө жайгашышты. Мен Карланын агамды көп жолу жемелеп жатканын укканмын, бирде бул нерсе үчүн болсо, бирде башка нерсе үчүн — анын чыңырган үнү алыстан угулуп турчу. Бир жолу Кичинекей чөптөрдү оруп жүргөндө, анын орогу Карланын үйдүн алдына тиккен гүлдөрүнө да тийип кетиптир. Ал ага учуп жетип келип, муштай берди, муштай берди, аны көргөн киши үчүнчү дүйнөлүк согуш башталып кеттиби деп ойлоор эле. Карла менен Кичинекей чоң үйүбүзгө көчүп өтүшкөндө, ал мени да өзүнө баш ийдирип алганга аракет кылды. Эсимде, радиодон эмнени угуу жөнүндө экөөбүз талаша кетип, мушташып кетишибизге аз калган: мен «Жашыл аарыны» уккум келген, ал болсо «Бернс менен Аллендин шоусун» талап кылды. Радиону биротоло өчүрүп салып, менин кыңк этпей отурушумду айтып айкырды. Жооп иретинде мен аны атамдан апамдын дарегине бир нече ирет айтылган сөздөр менен сөктүм, — андан кийин «териңди тескери сыйрып коем» деген Карладан араң качып кутулдум. Биздин үйүбүздөн анча алыс эмес жерде өскөн талга качып чыккандан башка аргам калган жок, ал менин мындай учурлардагы ишенимдүү бал калкалоочу жайым болчу. Бул бийик жерге чыгып алып, эгерде Карла мени тутканы келе жаткан болсо, аны рогатка (созмо) менен оңой эле ата алчумун. Ошентип, мен бул талдан караңгы түшүп калганда, ал кезде керебетимде болушум керек болчу, түштүм да, үйгө уктоочу бөлмөнүн терезесинен кирдим. Негизи жок эле мен эртеңки күн да өзү менен кошо жаза үчүн жаңы шылтоону ала келет деп ойлодум, мен бүгүн ага көрүнбөй коюуну артык көрдүм. Эмне дейин, адатта ошондой эле болчу. Ошентип, какаганга муштаган болуп, үй-бүлөлүк картинанын эки чоң дөңгөлөгү бар эле: апам жана атам. Менин эрте балалыктагы алар жөнүндөгү эскерүүлөрүм — бир үйдө жашаган, дайыма жаңжалдашкан эки адам болчу. Мен алардын бири-бирине жылуу сезимдерин арнаганын бир жолу да көргөн жокмун. Алардын бири-бирине жылмайганын, кучакташышканын, кол кармашышканын эстей албайм, өбүшкөнүн болсо тигиндей кой. Атам ичкенди гана билчү, апам болсо аны үй-бүлөгө жана чарбага болгон кош көңүл мамилеси үчүн жемелегенди гана биле турган. Эгерде ал кааласа, сөз өнөгүн алдырбайт болчу. Алар таанышкан мезгилде атам бөтөлкөгө анчалык көз каранды болгон эмес деп болжолдосок деле, ал өзүнүн бийликчил кыял-жоругу менен аны түгөнгөн араккечке айландырып салган. Кээде, атам бутуна тура албай калгыча ичкен күндөрдө, ал өзүнүн жолу болбогон жашоосуна болгон үмүт үзүлүүсүнүн өчүн андан чыгарып алганын көргөнмүн. Жок, апам аны урчу эмес (муштуму менен, же башка бир нерсе менен) — болгону артынан эки колу менен түртчү же күч менен креслого отургузуп койчу. Албетте, муну атамдын ага көрсөткөндөрүнө салыштырып болбос эле. Мас болгондо ал кээде жаңжалчыл боло түшчү, баарынан коркунучтуусу — жамандык кылганга акыл-эси жетип турган кез болчу. Мастык анын көзүн жаап калганда, апам анын адаттагы көздөгөн бутасы болуп калчу. Кээде мен аны өлөрчө сабап салат деп ойлочумун. Эмне деп айтпайын, бирок апам өзүнүн кандай кемчиликтери болбосун, аныкпы же ойдон чыгарылган кемчилик болгонуна карабастан, ал менин балалыгымдагы жападан-жалгыз ишенимдүү таянычым бойдон калган. Жөнөкөйлөтүп айта турган болсом, мен анын мени сүйөөрүн билчүмүн. Мен да аны сүйчүмүн. Биздин арабызда көп нерселер болгон, бул сүйүү көптөгөн сыноолорго дуушар болгон, бирок жыйынтыгында биз бири-бирибизге дагы да жакын боло түшкөнбүз. Мен эч качан күздүн ошол ачык күнүн унута албайм, ал күнү апамдын тизесине отуруп алып, аны менен бирге ал барактаган каталогдогу картиналарды карап отурганмын. Мен ошондо беш же алты жашта болчумун. Ал мага Ыйсанын туулган күнүнө карата белекти өзүм тандашымды сунуш кылды, анан мен бармагымды оюнчук темир жолго бастым. Ыйсанын туулган күнүндө эрте менен балатынын астында өзүмдүн оюнчук темир жолумду көргөнүмдө ушунчалык таң калганмын, болгондо да толук комплекти менен. Мына ошону Ыйсанын туулган күнү деп айтса болот эле! Мен аны эч качан унутпайм. Ошондой эле апам биздин үй-бүлөдө дисциплинанын башчысы болчу. Менин тентектигим чегинен ашып түшкөндө, ал мени талга жөнөтүп, чырпыкты алып тез жетип келишимди талап кылчу. Андан кийин ал менден шымымды чечип, отургучка бүгүлүп турушумду айтып, көчүгүмө бир канча жолу чапчу. Адатта, мен «жазалоочу алаканга» (биздин үйдө болсо чырпыкка) болгон энелик укукту талашып-тартышчу эмесмин, бирок өз кезегинде бул нерсе менин стратегиялык контр чараларды көрүшүмө тоскоол болгон эмес. Эсимде, бир жолу дем алыш күнү ал түшкү тамакка конокторду күтүп, дасторкон жайган болчу. Мен «өзөк жалгап» алмакчы болуп, бирде бул тамакка, бирде тигил тамакка кол сала бердим. Ал мага андай кылбашым керектигин эскертти, бирок мен уланта бердим. Акыры анын чыдамы түгөндү. Ал мени эшикке чыгарып коюп, талдан чырпык алып келишимди буйруду. Мен табууга мүмкүн болгон эң ичке чырпыкты алып кайтып келдим. Мен үйгө киргенде, ал менден көйнөгүмдү чечип, дасторкондун айланасында басканга мажбурлады, өзү болсо, мен өткөн сайын мени сабап туруш үчүн бурчка туруп алып, чырпыкты даярдап күтүп турду. Башында мен акырын бастым, бирок бир канча жолу айлангандан кийин, ал мени урганы тап бергенде катуураак жүгүрө баштадым. Жыйынтыгында апам мага чырпыгын тийгизе албай калды, же араңдан зорго жетип жатты. Апам менин айла-амалымды билип калса деле, сыр берчү эмес. Мен дасторкондун айланасында алты же жети жолу айланып, эки-үч жолу чырпык жегенден кийин, ал мени кое берчү, сыягы, өзүнүн тарбиялык ишине ыраазы болсо керек. — Бул сага сабак болот, — деди ал тынчтанган үн менен, анан адаттагысындай ары-бери басып, ашкана тарапка бет алды. Албетте, аталык тарбия жөнүндө айтканга деле болбойт. Менин сөздөрүм ашыкча оор угулушун каалабайм, бирок ал таптакыр көзү ачылбай иччү. Мен аны соо көргөн сейрек учурларда ичкиликтин оорчулугун тартчу, анткени ал өзүн өтө жымжырт тутчу жана сүйлөшкүсү келчү эмес. Калган күндөрү болсо, бөтөлкөнүн түбүнө түшүп алган күндөрүндө, биз баарыбыз анын көзүнө көрүнбөгөнгө аракет кылчубуз. Бирок апама кол көтөрө баштаган учурга чейин гана. Мен ага алты же жети жашымдан баштап болуша баштагам, ошол кезде менин колумдан эмне келмек эле? Болгону анын көңүлүн бир азга болсо да өзүмө бура алчумун. Бирок жылдар өткөн сайын мен аны менен апамдын ортосуна көбүрөөк кирише баштадым. Атам анча узун бойлуу эмес, арыктан келген киши болчу, өтө көп ичип алган мезгилинде болсо, мени менен да тиреше алчу эмес. Бул сезимдин канчалык жагымсыз, чынында, көңүл айландырарлык экенин сөз менен айтып бере албайм: өз атаңды кескилеп, көк ала койдой сабап салгың келет, сүйгөн адамыңды коргоп жаткан болсоң деле. Мындай сезим дүйнөнү кабыл алууну таптакыр бузат, анан анын жыйынтыктары өтө катастрофалык болушу мүмкүн: буюмдардын табигый тартиби бүтүндөй бузулат. Мектептеги көптөгөн досторумдан айырмаланып, мага атанын кучагы, атасы менен уулунун ынтымактуу болуп, арабада бара жаткандагы орток кубанычы деген нерсе бейтааныш болчу. Биз фермада бир нерсе жумуш кылганда гана бириге калчубуз — анан да, албетте, аны менен апамдын ортосуна түшө калганда. Бир жолу атам шаарга кеткенде, ага билдирбей туруп, биздин «шевроле-пикаптын» брезент жабуусунун астына жашынып алып, анын артынан бардым. Ал өзүнүн сүйүктүү аракканасы «Даффиге» жөнөдү. Атам ал жерде өзүн кандай сюрприз күтүп жатканынан шектенген деле жок. Мен кокусунан Мичиганда араккечтин аялы арак саткан жердин ээсине барып, өз күйөөсүнө спирттик ичимдик сатышына тыюу салганга укуктуу деген мыйзам бар экенин билип калдым. Туура, бул мыйзамга көңүл бургандар аз эле, бирок аны менен менин ишим болгон жок. Атам аракканага кирип, жайланышаары менен мен жабуунун ичинен чыгып, барга кирдим, өзүм менен кошо анча чоң эмес таякты алып алганмын, аны атайын ушундай учур үчүн сактап койгон элем. «Силер менин атама арак сата албайсыңар!» — деп кыйкырдым барменге, анан колума киргендин баарын таяк менен талкалай баштадым. Күзгү, бөтөлкөлөр, стакандар — баарынын быт-чытын чыгардым. Ал тургай терезени да сындырдым. Барда кадимкидей кызыл чеке мушташ болду, бирок айырмачылыгы менден башкалардын баары өзүн тынч кармады. Туура, менин бейбаштыгым дагы бир азга созулду — барда отурган эркектер ошол замат мага жетип келишип, кимдир-бирөөсү мени арт жагымдан колдорумду кармап, колумдагы таягымды тартып алды. Бул убакыттын баарында атам отурган жеринен былк этип деле койгон жок, мени карап да койбоду. Мен аны досторунун көзүнчө жемелеп, анан үйгө кайттым. Болуп өткөн окуяны билгенде, апам адебимди колума берди, адаттагыдай талдан чырпык алып келгенге жөнөттү. Мен аны коргош үчүн аракет кылганымды биле туруп, аяп койгон жок! «Менин уулумдун мыйзамсыздык кылышына жол бербейм» — деп гана айтты ал. — Бирок атама арак саткан ошолор мыйзамды бузуп жатышпайбы? — деп өзүмдү соороттум мен. — Жаманга жаманды кошсо жакшылыкты алып келбейт, Джош, — деп жооп берди ал, ошону менен сүйлөшүү бүткөнүн билдирди. Бирок баары бир мен өзүмдүкүн берген жокмун. Бул түнү мен эч уктай алган жокмун, төшөгүмдө ары-бери оонай бердим, оюмда «Даффиде» болуп өткөн нерсеге кайрыла бердим. Ооба, мен бир канча секунд бою барда чыныгы жаңжалды уюштурдум, бирок бул жаңжал жападан-жалгыз өзүнө багытталган атам эч нерсени көзүнө илген жок. Чын-чынына келгенде, мен өзүм деле тил алчаак бала болчу эмесмин. Унаа айдаганды үйрөнө турган убакыт келди деп чечкенимде, мен он бир жашка чыгып калган болчумун. Кимдир-бирөө мага келип, убактысын коротуп, унаа айдаганды үйрөтөт деп күтүштүн кереги жок эле, ошондуктан өзүмдүн планымды ишке ашырууну чечтим. Атамдын пикапты кантип айдаганын карап жүрүп, унаа айдоонун негиздерин билип алганымдан түк шектенген жокмун. Кайсы-бир сонун күнү, атам шаарга кеткенде, эскилиги жетип калган «Шевини» сынап көрө турган убакыт келди деп ойлодум. Менин шеригим — биздин итибиз Пипси болчу, аны алдыңкы орундукка отургузуп алган элем. Алгач баары жайында эле болчу. Ооба, алгачкы он беш мүнөттө кыймыл берүү коробкасы кычырап баратты, бирок мен рычагды салмактуулук менен алмаштырганды бир аз үйрөнүп калдым. Андан кийин уйлар отточу көк чөптүү аянтты жана айылдын ортосундагы жолду айланып чыктым, анын үстүнө эң эле сонун айдадым. Анан эле, кайдан чыга калганы белгисиз, дөңгөлөктүн астынан коен секирип качып кетти. Пипси болсо дал ушуну күтүп тургансып, менин көз алдымда жан талашып, чабалактай баштады, алдыңкы айнектен учуп чыгып, коенду кууп жөнөйм деп ойлоду окшойт. Ал үрүп, менин тиземе чыгып алып, секирип жатты, ошол убакта мен кайда бара жатканымды аңдай албай калдым. Көк чөптүү аянттан чыгып кетип, чоң арчага тийип өттүм — бул кыймылды бир аз азайтты, бирок жетишсиз болчу. Бадалды басып өтүп, биздин уйкананын артындагы жайлоого чыккан дарбазаны кармап турган түркүккө сайылып калдым. Бул мезгилде коен өзүнүн изин сууткан болчу. Мен унаадан чыгып, келтирилген зыяндарды карап жаттым: радиатордун тосмосунун бир бөлүгү үзүлүп кеткен, капот тешилген, каптал жагы кудум эле чайналып калгандай, фар талкаланган, кошумчасына, мен карагайдын сөңгөгүн кырып өткөндө, соко тилген терең узун жол кузовдун арасына кирип кетиптир. Мен Пипсиге карадым, ал болсо күнөөлүүдөй ылдыйдан өйдө карап, жооп иретинде кыңшылап койду. «Бул жерде сенин айыбың жок» — деп үшкүрүндүм мен, анан мындан ары эмне кылам деп ойлоно баштадым. Жерде жаткан түркүккө келип, аны ордуна койгонго аракет кылдым, — бирок, канчалык түз орнотконго аракет кылсам да, ал баары бир кеменин жарака кеткен мамысына окшоп, бир жагына кыйшайып калды. Башымды тырмап, эми эмне кылам деп ойлонуп калдым. Жүк ташыгычты өзүм оңдой алмак белем. Кайсы-бир убакыт бою мен унааны тептим жана ийрейип, курушуп калган металлды кысып киргизгенге аракет кылдым, мындан кандайдыр-бир пайда чыгат деген үмүткө караганда, өз абийиримди тазалаш үчүн жанталашуу көбүрөөк эле, андан кийин чалдыбары чыккан унааны уйканага түртүп чыгардым. Аны бастырманын астына калтырып коюп, үйгө кайттым да, дароо төшөнчүнүн астына кирип кеттим. Күндүзгү саат үч болчу. Бир канча саат өткөндөн кийин атамдын секичеден чыгып келе жаткан кадамы угулду, андан кийин кире бериштеги эшик кыйчылдады. Анын менин бөлмөмдү көздөй келе жатканы угулду, дубалдын бирде бул тарабына, бирде тигил тарабына урунуп келе жатканына караганда ичип алганы анык. «Өзүңдү карма, — деп ойлодум мен. — Азыр башталат». — Джош, — деп кыйкырды ал. — Сен кайдасың? Мен керебетке дагы да бекем жабышып, көздөрүмдү жумуп алдым. Менин бөлмөмдүн эшиги ачылды, башыма төшөнчүнү ороп алган болсом да, атамдын эшикке асылып, анын четин карманып турганын сездим: — Джош, — деп чакырды ал, бирок анчалык катуу эмес. Менин жообумду күтпөй эле (анын үстүнө ага эмне деп жооп береримди да билбей турган элем), ал сөзүн улантты. — Торпокторго жемди ким берет, мен сенден сурап жатам? Мен көзүмдү ачтым. — Кана турчу, жатканың жетишет! — деди ал. — Жумуш сени күтүп отурбайт. Уккан кулагыма ишенбей, этияттык менен төшөнчүнүн ичинен чыктым. Мени жашынып жаткан жеримден чыгарып жибергени эмес, пикап жөнүндө бир да сөз айтылбаганы таң калтырды. Ал эмне, эч нерсени көргөн жокпу? Төшөнчүмдү ыргыта салып, торпокторго жем бериш үчүн уйканага чуркадым. Бир канча убакыт өткөндөн кийин, бастырмадан металлдын шакылдаганын уктум, андан кийин апамдын нааразы болгон үнү угулду. Билинбей калганга аракет кылып, ал жерде эмне болуп жатканын билиш үчүн сарайдын сынган терезесинен акырын ичкери кирдим. Атам колуна жыгач балканы кармап алып, эмне кылаарын билбей, унаанын алдыңкы бөлүгүн карап туруптур, апам болсо эмоциясын кармап тура албай, алай-дүлөй түшүп жаткан экен: — Акылыңдын баарын ичип түгөттүң! Көрдүңбү, сенин ичкилигиң эмне менен бүтөөрүн? — деп жекирип жатты ал. Баарынын быт-чыты чыгыптыр. Эми балкаң менен эмне кыла алат элең? Баары бир өзүң эч нерсе кыла албайсың. Бар, устакана менен сүйлөш, ошол жерде оңдоп беришсин! Атам балкасын ылдый түшүрдү. Анын бетинен чыныгы таң калуунун белгиси көрүнүп турду. — Өлтүрсөң өлтүр, эстей албай турам…эч нерсенин үстүнө карай деле айдаган жок элем, — деди ал, анын эриндери титиреп жатты. — Ал эстей албайт! Эстей албагыдай өлөрчө мас белең? — Ооба, сыягы… Мен уйканада акырын ишимди кылып жүрө бердим, болуп өткөн нерсе жөнүндө эч кимге ооз ачкан жокмун. * * * Мени туура түшүнүңүздөр — кандай болбосун, мен баары бир атамдын араккечтигинин айтканга көнбөгөн душманы бойдон кала бердим. Спирттик ичимдик аны санда жок кишиге гана айландырып тим болбостон, биздин үйүбүзгө уруш-жаңжалды жана кыйроону алып келди. Мен алымдын жетишинче атамды басынтканга аракет кылчумун. Эрте мененки убактарда биз чарба жумуштары менен алек болгонубузда, мен андан көзүмдү айрычу эмесмин. Ал акырын жашырынып калганга аракет кылган учурда, анын артынан аңдып турчумун, анткени короонун бардык жерине жашырылган шараптын бир бөтөлкөсүнө карай бара жатканын билчүмүн. Атам аны ферманын ар кайсы жерине тыгып койгон, кээде таптакыр ойго келбеген жерлерге да. Эгерде мен аларды таап алсам, сындырып салаарымды ал биле турган. Кээде эгерде алар жарым бойдон калган болсо, мен анын үстүнө сийип салчумун, муну мастыктан улам ал эмнени ичип жатканын да түшүнбөй калганын көрүп маашырланыш үчүн гана кылчумун. Эгерде ал ичип алган болсо, ошол учурда биз конок күтүп жаткан болсок, анда мен атамдын пикабын уйкананын ары жагына алып барып, ошол жерде калтырып койчумун, кимдир-бирөө короону айланып чыккысы келсе, көзүнө илинип калбасын дейт элем. Андан кийин атамды издеп таап, аны чөп кургатчу сарайга киргизип, жыгач түркүккө байлап салчумун: бир жип менен колдорун, бир жип менен болсо — мойнун жана буттарын. — Джош, — деп кырылдады ал, каршы чыкканга аракет кылып, — мен сенин атаңмын го… — Сен да ата белең! — деп корс жооп бердим мен. Анан ошол жерде аны түн киргенге чейин тургузуп койдум. Кийинчерээк, коноктор астанага келип калганда, аларды тосуп алып, үйгө алып кириш үчүн апам адатта мени чакырчу. Эгерде кимдир-бирөө атамдын кайда экенине кызыгып калса, күнөөсүздөй түр көрсөтүп: «Бир жакка кетти» же «Шаарда шашылыш жумуштары чыгып калды» — деп жооп берчүмүн. Эреже катарында, андан кийин башка суроо берилчү эмес. Бүт шаар боюнча менин атамдай обу жок араккеч жок эле жана муну баары билишчү. Сыягы, ар кимиси: тынч жаткан аарынын уюгун козгобо — жок болсо, жогу жакшы деп ойлосо керек эле. Коноктордун акыркысы кеткенден кийин, атам болсо дагы деле уйканада турган учурда, мен керебетке кулап түшүп, бир канча саат бою жата берчүмүн, баарын ойлоп чыгар элем: уйканага акырын кирип, анын мойнундагы жипти бекемирээк байлап койсомбу… Жөнөкөйлөтүп айтканда, бул чириген дүйнөнү таштап кетишине жардам берсемби. Мени полициянын алдындагы коркунуч токтотуп калчу: эгерде ал бирин бирине кошуп отуруп, мени киши өлтүргөндүктө кармап кетишсечи? Полиция биздин үйгө эки жолу келип кеткен: биринчи жолу апамды өлөрчө уруп салгандан кийин, атамды кир жууй турган идишке чөктүрүп жибере жаздагам. Экинчи жолу мен анын башын унитазга тыгып (алдын-ала өз ишимди бүтүрүп), анан анын башын суу астында кармап, жууй бергенмин. Абийиримдин ашкерелөөсү жөнүндө сөз да болчу эмес: атама болгон жек көрүүм күн өткөн сайын күчөй берди. Кээде, чын эле, баарына кол шилтеп кетип калгым келчү, анткени апам экөөнүн уруш-жаңжалына канчалык аралашканым менен, анын уруп-согушун токтотконго канчалык аракет кылганым менен, ал баары бир өзүнүкүн уланта берчү. Анын үстүнө мас болуп келгенде, апам да аны жемелеп кирсе, анда атам аны сөзсүз муштап кирчү. Менин жападан-жалгыз сооронучум биздин атыбыз Долли болчу. Ар бир таңда анын жалын сылап, анын жылуу мойнуна башымды жөлөгөнүмдө, мага жакшы боло түшкөнүн сезчүмүн. Мен өзүм да билбей туруп, өзүмө үй жаныбарлары менен болгон психотерапия сеансын уюштуруп алган элем деп айтсам да болот. Аны менен убакыт өткөрүү, ага сулу жана чөп берүү, аны менен бардык нерсе жөнүндө баарлашуу мага жакчу. Ал, адаттагыдай эле, менин бардык окуяларымды тынч жана чыдамдуулук менен укчу. Ошол күнү эрте менен да мен өз жумушумду бүтүрүп, аны менен турган болчумун, уйлар адаттагысынан катуураак мөөрөп калышты, анан атамдын сөгүнгөнүн уктум. — Барып, эмне болгонун көрөйүнчү, — дедим Доллиге. — Анын сүт шлангасын насоско улаганы жатканын көрдүм, бирок ал такыр ага туш болбой жатыптыр. Ушундай болушу мүмкүнбү, сен кандай ойлойсуң? Долли мага өзүнүн жылуу кара көздөрү менен жооп берди жана акырын кишенеп койду. Мен ага эрте менен апамдан бекитип алып чыккан канттын бир бөлүгүн сундум. «Ал сени да сааганды ойлобогону жакшы болуптур, Долли», — дедим аргасыздан жылмайып. Анан ошол жерден дагы бир үндү уктум, дене боюм чымырап кетти — ал апамдын үнү болчу. Ал абдан катуу кыйкырды, бул кыйкырыктан анын өпкөсү жарылып кеткендей сезилди. Жада калса апам өкүрүп-бакырганда, уйлар деле бир канча көз ирмемге тынчып калышты: «Алар дагы деле ушул сүт саагыч машиналарда асылып тура берсе, сен бул каргыш тийген уйларды өлтүрүп саласың!» Уйлар кайрадан мөөрөй башташты, анан дароо эле мен узун чыңырган үндү уктум. Бүт күчүм менен уйканага чуркадым. Апамдын кыйкырыгы эми катуураак угула баштады, ошондой эле мага атамдын кырылдаганы жана жемелегени да угулду. Уйкананын ичинен мага тааныш кускумду келтирген сценаны көрдүм: атам кайрадан апамды сабап жатыптыр. Бул жолу ал аны ийрейбей турган резина шланга менен, ырааттуулук менен сокку артынан сокку берип жатты. Мен алардын жанына жеткенге чейин, ал аны чаап жыгытты, апам уйлардын астына жыгылып, кыктын үстүндө жардамсыз жатты. Кийинки көз ирмемде мен ага атырылдым, бир эле убакта тепкилеп, тиштеп, муштап жана эң жаман сөздөр менен тилдеп жаттым. Атам башын силкип, алдыга карай солк этти, сыягы өзүнө келгенге аракет кылды окшойт. Кайсы-бир көз ирмемге анын көзү менин көзүмө чагыла түштү. Анан ал сөгүнүп, шланганы жерге ыргытты да, теңселип уйканадан чыгып кетти. Эмне үчүн экенин өзүм да билбейм, бирок мындай учурларда, ал эч качан менин соккума сокку менен жооп берчү эмес. Мен али кичине болчумун, мастыгы тараганда менин теримди тескери сыйырыш ага кыйын эмес болчу. Ал учурда мен мындай ойлорду ойлогонго да чолом жок эле. Мен анын артынан ээрчип, жемелеп кыйкырып кете берчүмүн: — Мен бир күн сени өлтүрөм! Мени угуп жатасыңбы? Өлөрчө сабайм, билип кой! — Аны көздөй балканы ыргыттым, бирок тийбей калды. — Уктап жатканыңда жаныңды алам! Сенин жүрөгүңө бычак сайып, өлгөнүңө ишениш үчүн аны бир канча жолу бурап алам! — Атам мага карабай кете берди. Ошондо мен апамдын жардам сурап чакырып жатканын угуп калдым. Ал бутуна тура албай жатыптыр, бирок мен да аны тургуза алган жокмун. Ал мен үчүн өтө оор болчу. Анын жанына тизелеп отуруп, бетиндеги кан менен уйдун кыгын аарчыбай эле, тескерисинче, сыйпап салдым окшойт, аны менен бир үндө кыйкырдым. — Ал атайлап кылган жок, түшүн! — Анын көздөрү мага жалбарып карап турду. «Эмне үчүн ал мени буга дайыма эле ишендиргиси келе берет?» — деп таң калчумун мен ушундай мүнөттөрдө. — Ал атайлаган жок, — деп кайталады ал, көз жашын жутуп. Бирок мен анын эмнени кааласа, ошону иш жүзүнө ашыраарын билчүмүн да. Мен да ага ошондой кылгым келчү. Мен аны ушунчалык жек көрчүмүн! Мен анын өлүшүн ушунчалык каалачумун, муну өзүмдүн ички дүйнөм менен да сезер элем. Ал апама кандай кылган болсо, мен да ага ошондой кылгым келчү. Анын айынан бирөөнүн жаны канчалык ооруган болсо, анын жанын да ошондой ачыткым келчү. Өзүмө койсо — эки, үч эсе оорута тургандай кылмакмын. Апамдын үнү менин ойлорумду бузуп жиберди. — Бар, Уэйнди чакырып кел, — деди ал, толкунданган үн менен. Уэйнге бар, ал бул жакка келсин. «Ооба, — деп ойлодум мен. — Уэйнди чакырыш керек. Мен барып, Уэйнди чакырып келишим керек». Ичимдин баары уюшуп калганын сезип, ордумдан турдум да, үйдү көздөй чуркадым. ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ. УЭЙН Уэйн болбогондо эмне кылмакмын» — деп айта бергенди сүйчү апам. Буга себеп бар болчу. Апамдын ашыкча салмагынын жана аз кыймылдаганынын айынан кыла албаган үй жумуштарынын баары Уэйн Бэйлинин мойнунда болчу. Биринчи жолу Уэйн биздин үйгө мен алты жашта болгондо келген жана фермердин аялынын милдетинин көп бөлүгүн өзүнө алган. Анын үстүнө ал үйдөгү чарба жумушун гана башкарып тим болгон эмес. Ал кооздук жаратууну жакшы көрчү. Биздин үйдө картина-салфеткалар бар болчу, Уэйн ал жерде да чыгармачылыгын гана көрсөтүп тим болбостон, кандайдыр-бир көркөмдүктү да пайда кылчу. Конок бөлмөнүн дубалдарына кичинекей текчелерди асып, аны ар түрдүү декоративдүү чөйчөктөр менен кооздоп койгон эле, анан ушундай майда-чүйдө нерселер аркылуу эле үйүбүз жакшынакай боло түшкөн. Ошондой эле Уэйн өзү менен кошо тоту куш ала келген, бирок апам бул канаттууларды өзүнүн экинчи кабаттагы бөлмөсүндө багуусун талап кылган. Жада калса, аны менен жолугушкан күн да менин эсимде. Апам мени чакырганда ал ашканада болчу: — Мына биздин тентек! Силер экөөң жакшы-жаманда бирге болосуңар, — деди апам, менин жүзүмдү Уэйнге буруп. — Бирок бүгүнкү күндөн тартып, ал менин тилимди албаса да, сиздин тилиңизди алат. Уэйн жылмайып койду. Анан көрүнүшү эч нерсеси менен айырмаланчу эмес: кырк жашка жакындап калган, арык жана ийкемдүү денелүү, кандайдыр-бир өзгөчө узун бармактуу адам эле. Ал чачтарын маңдайынан артты көздөй сылык тарап, тыкан шым менен көйнөк кийип алчу, көйнөгүнүн бардык топчуларын кадап ала турган. Мени көздөй кадам таштап, көзүмө тик караш үчүн ылдый эңкейди. Жылмайганда жука эриндери жайыла түштү, кенен оозундагы кичинекей сары тиштери көрүнүп калды. Андан кийин Уэйн колун менин желкеме койду: — Тынчсызданбаңыз, Макдауэлл айым, — деди ал. — Джош экөөбүз жакшы тил табышабыз. — Анан мага көзүн кысып койду: — Туурабы, балакай? Апам жылмайды. — Мына жакшы болду. Кана, анда ишке киришели… Уэйн, мен бул текченин бетиндеги чаңды аарчыбаганыма бир канча ай болду. Ага жетүү болсо сен үчүн кыйын эмес… Уэйн менен апам үйдү жыйнаганга киришишти, мен болсо ашканадан жылт койдум, чыгып баратып, аны дагы бир жолу артынан карап алыш үчүн эшиктин алдында көз ирмемге токтоло калдым. Уэйн каткыра күлүп, өзүнө апамдын алжапкычын өлчөп көрүп жаткан экен. «Кана-кана, — деп ойлодум ошондо мен. — Мына ушундай жардамчы байке! Чаң аарчуу — уйканадагы кыкты тазалоо эмес». * * * Ошол күнү эрте менен мен Уэйнди уйканага чакырып келиш үчүн чуркадым, бирок жардам таптакыр башкача жардам болчу. Ал да, албетте, кыйкырыкты укту, бизге бир нерсе болуп кеткенинен кабары болсо керек эле. Анын үстүнө мындай нерсе биринчи жолу болгон жок жана акыркысы да эмес экени айдан-ачык. Ал ашканадагы терезеден башын чыгарды, ошол жерде идиштерди чайкап жаткан экен, андан кийин колун ашкана сүлгүсүнө аарчып, мени көздөй шашпай басып келди. Эңкейип, менин бетимди көздөй дем чыгарып, сурады: «Апаң чакырып жатат, туурабы балакай?» Мен бир аз кетенчиктедим. Анын оозу дайыма жагымсыз жыттанчу. Бирок баары бир анын көзүндө кандайдыр-бир мээримдүүлүк бар эле, ал мени түшүнө турганын жана өз ара түшүнүүгө ээ болушубузга үмүт кылгандай көрүнчү. Бирок ал мени кучактап, сооротуш үчүн колун сунганда, мен биле туруп артка жылдым, анын бетиндеги кайгылуу түрдү байкамаксан болдум. — Жүр, апама жардам керек, — деген сөздү гана айта алдым. Уэйн кайрадан мага колун сунду, бул жолу чачымдан сылаш үчүн: — Болду, анчалык тынчсызданба, Джош. Жүр, барып көрөлүчү, биз эмне кыла алат экенбиз. Үйдөн чыгып, уйканага шашылдык. Апам мен калтырып кеткен жерде жаткан экен, болгону өз алдымча өйдө болом деген курулай аракет менен алдыга-артка жыла берип, кыкка оонап булганып жатыптыр. Ошол жерде бизде дагы бир жумушчу пайда болду, ал бир жашка улуу болчу, анын аты Кыска бой эле, ошентип үчөөлөп апамды бутуна тургуздук. Анын эки саны тең жамбаш менен кашка жиликтин ашташынан чыгып кетиптир. Мындай нерсе атам менен жаңжалдашканда гана эмес, анын салмагынын айынан көп жолу кайталанып турчу эле. Кыска бой пикапты айдап келди, анан биз апамды үйдүн дал босогосуна чейин алып келдик, андан кийин кыйынчылык менен анын үйгө киришине жардам бердик. Уэйн Блейксли дарыгерди чакырганы кетти, ал келип, апамдын муундарын калыбына келтирер эле. Кыска бой мени мектепке жеткирип коюуну сунуш кылды, бирок мен Доллини минип бармакчы болдум. Эгерде колумдан келгенде, мен аны менен Тынч океандын өзүнө чейин чаап кетмекмин. Бирок Долли кары жумушчу ат болчу, анын үстүнө фермадан бир километр да ары чыкпаганга үйрөтүлгөн эле. Жада калса, мектепке чейинки жол — ал үчүн кыска эмес жол болчу. * * * Апам төшөктөн турбай жаткан ошол бир канча жума бою үй чарбасы жөнүндө кам көрүү Уэйндин мойнуна илинди. Анын өз үй-бүлөсү жок болчу (ал бул жөнүндө таптакыр ооз аччу эмес), бирок анын Леонард Миллер деген жакын досу бар эле. Миллерлердин фермасы биздин фермадан, эгерде айылдын арасындагы жол менен бара турган болсо, бир аз километр ары жакта болчу. Леонард Уэйнден бир канча жаш кичүү болчу, эч качан үйлөнгөн эмес эле жана ата-энеси менен бирге жашачу. Уэйндин айдоочулук күбөлүгү да жок болчу, ошондуктан дем алыш күнү Леонард ага келчү, анан алар бирге шаарга кетишчү. Жайында Лоенард атасынын «мэркюри» деген кабриолети менен келчү. — Мен бүгүн кеч келем, — деп айтчу Уэйн мындай учурларда, өзүнүн апасына айткан тарбиялуу өспүрүмгө окшоп, — ошондуктан мени күтпөгүлө. — Бул жолу кайда барасыңар? — деп сурады апам аны секичеден узатып жатып. — Бэтлл-Крикке, — деп жооп берди Уэйн, досунун жакшынакай кабриолетине отуруп жатып. — Мурдагы жолудагыдай эле, киногобу? — Ананчы! — А кандай фильмди көрсөтүшөт экен? — «“Каалоо” трамвайы» деген, — деп кыйкырды Уэйн, Леонард чыдамсыздык менен унаасын жүргүзүп жатканда. — Көргөн сайын көргүм келе берет! — Силер экөөң бул киного барган белеңер? — Дагы бир жолу көрөбүз! — деп күлдү Уэйн жана Леонард унаасын буруп жатканда, апама кол булгалап койду. — Карагыла, өзүңөрдү жакшы алып жүргүлө, — өкүм кыла сүйлөдү апам, өзүнө-өзү сүйлөп, үйгө кайтты. Бир жолу мен биздин коноктордун Уэйн менен Леонард жөнүндө барды-жокту сүйлөшүп жатканын угуп калдым. Бул күн жекшемби күн болчу, Уэйн дем алышка кеткен эле. О’Брайен мырза атам менен бир канча стаканды бошоткондон кийин өзүнүн пикирин билдирди, ал Леонард Миллер менен Уэйн бири-бирин ачык колдошо турганы таң калыштуу көрүнө турганын айткысы келди. — Менимче болсо, — атайын жактырбагансыган үн менен сүйлөдү О’Брайен айым, — алар жөн гана достошуп жүрүшөт, болгону ушул». — Сен кайрадан өзүңдүкүн бербей жатасың, — деди О’Брайен мырза, — эмне алардын акысыз адвокаты болуп алдыңбы? — Адамдар жабык эшиктин артында эмне менен алек болуп жатканы, Джордж, бизге тиешелүү нерсе болбошу керек, — деди колун кезеп сүйлөп О’Брайен айым. Андан кийин ал апама бурулуп: — Эдит, сен да ушундай ойлойсуң да, туурабы? — деди. — Ооба, ооба, мен да ушундай ойдомун, — деп макул болду апам. — Эгерде адамдар бирөөнүн ишине мурдун тыкканын токтотсо, бул баарыбыз үчүн пайдалуу болот. — Анан О’Брайен айым акыркы мезгилдерде үйлөрдүн дубалдары айнектей болуп калганын жана маданияттуу адамдар ага таш ыргыта албай калганын бабырап сүйлөп отурду. Мен мунун баарын экинчи кабатка көтөрүлгөн секичеде отуруп уктум. Андан кийин акырын басып, Уэйндин бөлмөсүнө кирдим. Ал менден өзү жок кезде ошол кымбат баалуу тоту куштарын тамактандырып турушумду суранган эле. Аларды азыктандыруу мага жакчу, бирок ар бир жолу мен Уэйндин бөлмөсүндө болгонумда өзүмчө кызыктай боло берчүмүн. Аларга жемин тезирээк берип, анан бөлмөдөн дароо чыгып кетчүмүн, чыгып баратып, эшикти бекем тартып жаап койчумун. О’Брайен айым сыяктуу эле мен дагы жабык эшиктин артында Уэйн менен Леонарддын ортосунда эмне болгонун ишенимдүүлүк менен далилдей алчу эмесмин. Мен Уэйн экөөбүздүн ортобузда болгон нерсе жөнүндө гана айта алчумун. * * * Уэйн биздин үйгө келгенден бир канча жума өткөндөн кийин эле мага жабыша баштаган. Андай нерсе биринчи жолу болгондо мен алты жашта болчумун жана эмне болуп жатканын түшүнгөн деле эмесмин. Ыңгайсыздык жана уят сезими, андан кийин дүүлүгүү жана ыракаттануу, андан кийин болсо — жанга тийген ачуу жана терең күнөөлүү сезим болгону эсимде. Уэйн тараптан болгон сексуалдык жана эмоционалдык басым кийинки жети жыл бою да уланды. Мен апама эки жолу айтып даттандым, бирок ал ишенген жок, ал тургай уккусу да келбеди. Ошол мезгилде бүтүндөй Америка, жеке адамдар деле өз арасында сексуалдык зордук-зомбулук темасында өзгөчө талкуу жүргүзчү эмес. Бардыгынын алдында кир төшөгүңдү кагып-силкүүнүн кереги жок деп эсептешчү. Анан жыйынтыгында мындай окуялар талкууланышы керек болгондой талкуулангандын ордуна жабык бойдон кала берген. Уэйн мага карата өзүн кандай тутканы тууралуу айтып бергенге аракет кылганымды апам кесип койгондон кийин, мен эч ким менен бул тууралуу сүйлөшкөн жокмун. Менин сөзүмө ким ишенмек эле? Ишенген күндө деле бул проблема өзүнөн-өзү чечилип калат деген үмүт менен бул ситуацияга аралашмак эмес. Бирок ал проблема жок болуп кетүүнү ойлоп деле койгон жок. Биринчи эле мүмкүнчүлүктө Уэйн мени аңдый баштаган, кудум эле мергенчи олжосун аңдыгансып. Эгерде мени башка үйдө бир саатка жылгыз калтырып коюша турган болсо, ал ошол замат ошол жерде пайда болчу. Мен уйканада иштегенимде, жанымда эч ким жок болгон болсо, ал эртеби-кечпи ал жерде да пайда боло калчу. Кээде мен таң азандан менин керебетимдин четине отуруп алып: «Сага жагымдуу болуп жатат, туурабы?» — деп айтып, мени сылап жатканын көрүп ойгончумун. Андан кийин мени керебеттен көтөрүп алчу, анан мен анын көз алдында мектеп кийимимди кийишиме туура келчү. Мезгил-мезгили менен (түшүнөм, буга ишенүү кыйын), бирок апам менен атам биргеликте Батышка, ошол жерде жашаган туугандарыныкына, конокко кетишчү. Албетте, бул бир канча күндөрү алар мени Уэйнге ишенип таштап кетише турган, апамдын жөнөп кетерден бир күн мурда айткан насааттары эч кандай шектенүүгө орун калтырчу эмес: «Уэйндин сага айткандарынын баарын аткар, антпесең, кайтып келгениңде сени ушунчалык жазалайм, таптакыр эсиңден чыкпас болот». — Мени да өзүңөр менен кошо ала кеткиле! — деп жалына баштачумун мен. Бирок апамдын көздөрүнөн болгону адилеттүү ачуу көрүнүп турчу. — Мектептен кутулгуң келдиби, ээ? Эч качан андай болбойт, жигит. Анын үстүнө, чарба менен ким алектенет? Бир жолу, мындай саякаттан бир күн мурда — мен ошондо тогуз жашта болсом керек эле, — апам менин абдан чүнчүп кеткениме көңүл буруп, мени өзүнө чакырды. Андан кийин менин сол алаканымды көңүл буруп карап чыкты. «Эмне, силердин ошол кем акыл мугалимиңер, — дагы эле сенин бармактарыңа уруп жатабы?» — деп сурады ал. Мен башымды ийкедим. Мен табиятымдан сологой болчумун, анан Блум мырза, менин үчүнчү класстагы мугалимим, «бул адатты жок кылуу үчүн» жыгач сызгычты колдонууга бел байлаган болчу. Апам менин алаканымды кое берди: «Макул, эч нерсе эмес, кайтып келейин, эң биринчи жасай турган жумушум — директорго барып, баарын айтып берүү болот. Карачы, эмнени гана ойлоп тапкан!» Ал бөлмөнү кыдыра карап чыкты. «Америкалык фермер» деген журналды окумак болгон атам алда качан креслосунда отуруп коңурук тартып, уйкуга кириптир. Апам да эсинеп, мени өз бөлмөңө кете бер деген белгиде колун булгады: «Укта эми, Джош. Кеч болуп кетти». Бир канча күндөн кийин алар пикапка отуруп, узап кетишти. Жүк ташыгычтын артынан чыккан чаң тарап кеткенден кийин, мен качып кутулгус нерсеге даярдана баштадым. Апам менен атам бир жумадан ашык убакытка кеткен болсо, эми мага Уэйнден кутулуш жок. Ал дайыма менин желкемди сылоо менен баштачу (ушул кезге чейин мага эң жакын болгон адамдар деле мени желкемден кучактаганына же ага алаканын койгонуна чыдай албайм). Андан кийин бетимден өөп, бүт денемди колдору менен сылай баштачу. Мен кыйкыргым келчү, көзүмө көрүнгөн жакка качып кетким келчү. Бирок мен кайда кача алмак элем? Ал болсо дайыма: «Мынчалык ачууланба, Джош, өзүңдү бош кой. Сенин өзүңө деле бул нерсе жагымдуу болуп жатпайбы» — деп айтчу. Ооба, моюнга алып айтуу канчалык кыйын болсо да, бул нерсенин кайсы-бир бөлүгү мага чындыгында эле жакчу. Анткени акыр-аягы келип, бул нерсе көңүл буруунун белгиси болчу. А мен болсо мени кимдир-бирөөнүн сүйүшүн ушунчалык кааласам да, денелик көңүл буруунун белгисин эч кимден ала алган эмесмин! Бала кезимде дайыма төмөнкүдөй ойлордун туткуну болуп жашаганым эсимде: «Эгерде ушул киши менин атам болгондо. Эгерде ал ичпегенде, мени желкемден ушул Уэйн эмес, атам кучактаганда! Эгерде атам менин бетимден өөп, жүрөгүмдү кубанычка бөлөй турган кандайдыр-бир мээримдүү жана сооротуучу сөздөрдү айтканда!» О, мен аталык сүйүүгө канчалык муктаж болгонмун! Ата-энем мындай мейманчылыктан кайтып келгенден кийин, апам менден биринчи болуп Уэйндин тилин алганымды сурачу. Мен унчукпай баш ийкечүмүн — ооба, мен тил алчаак болдум. Апам ошондо ырастоону издеп, көз карашын Уэйнге бурчу, анан ал эки маанидеги күлүмсүрөө менен күлүмсүрөп койчу. Менин арт жагымда туруп алып, алаканы менен желкемди кыса кармап турчу, анын узун арык бармактары мойнума оролуп өскөн чырмооктой жабышып турчу. «Ооба, ал ушунчалык жакшынакай… жөн эле периште», — деп жооп берчү ал күркүрөгөн үнү менен. Айылдык «идиллиядагы» фермада — 1940- жана 1950-жылдардын башындагы, өзүнүн төрт жыл мезгили, жашыл жайыттары жана миңдеген дөбөлөрдүн арасында жайбаракат жайылып жүргөн малдары менен атагы чыккан фермердик Мичигандын тынч бир бурчундагы балалык мына ушундай болушу керек болчу. Кошуналарды жана досторду коркпой эле үй-бүлө мүчөм деп атаса боло турган куттуу жана бейпил өрөөн. Элдери түндөсү эшикти кулпулап жатуу эмне экенин билбеген, эркектери болсо, колу бошогон убакта өздөрүнүн шаарынан жайбаракат агып жаткан дарыядан балык кармаган өрөөн. Балдары түн ичинде өз керебеттеринде эч нерседен бейкапар уктаган өрөөн… Эң аз дегенде, бул балдардын көпчүлүгү ушундай уктачу. ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ. КИЧИНЕКЕЙДИН ЧЫККЫНЧЫЛЫГЫ 1951-жылдын жазынын аягындагы ишемби күнкү таң. Шашыла кийинип, эрте мененки үрүң-бараңда биринчи кабатты көздөй тепкичтен түшүп келе жаттым. Үйдөгү жымжырттыкка кулак салып, ушунча таң азанда жалгыз мен эле турдум, калгандары али уктап жатат деп ойлодум. Бетимди муздак суу менен жууп, колума бир туурам нан алып, үйдүн босогосуна чыктым. «Жамгыр жаайт окшойт», — деп ойлодум мен, оор нымдуу абадан дем алып. Чарба иштерин тезирээк бүтүрүш үчүн, уйканага жөнөдүм. Нымдуу жерди али да калың туман каптап турду. Долли менен ашыкча кобурашып койдум, анткени эрте мененки саат жети болуп калса деле, апамды издеп үйгө чуркап келгенимде, али ишимди бүтүрө элек болчумун. «Чарба эч кайда качып кетпейт» — деп айттым өзүмө. Уэйн ашканада тарелканы аарчып жатыптыр. — Уксаң, апам кайда? — деп сурадым. — Апаң бош эмес, — деди Уэйн тиштене. Колун алжапкычына аарчый салып, шыпыргы менен калакты алды да, конок бөлмөгө кирип кетти. — Ал бүгүн сенин мага жардам беришиңди буйруду. Мен чаңды аарчып чыккыча, сен шыпырасың. — Мага өзүмдүн жумушум деле жетиштүү, — дедим кесе чаап. — Өзүңдүн жумушуңбу? — деп кайталай сурады Уэйн, анын көздөрү тартыла түштү. — Жумушуң али бүтө элек болсо, анда сен эрте мененден бери эмне менен алек болдуң? — Алектендим… Доллиге жем бердим. — Бир жарым саат бою Доллиге жем бердиңби? Сен, жигит, мени тентек деп ойлойт окшойсуң, ээ? — Сен мени түшүнгөн жоксуң. — Уэйн кашын көтөрүп, мени суроолуу тиктеп калды. — Долли ооруп калыптыр, — деп кошумчаладым, — сага чынын айтып жатам, ал ооруп калды. Уэйн кайрадан мени ишенбеген көз караш менен карады. Андан кийин, ачуусун мээримге алмаштырууну чечти окшойт. — Биз мындай кылабыз, — деди ал, колун менин желкеме коюп. — Кел, бул жердеги бардык ишти тезирээк бүтүрөбүз да, анын байланган жерине бирге барабыз. Ошол жерде сенин Доллиңе эмне болгонун карап көрөбүз. Мен желкемди тартып алдым: — Мен жок деп айттым го! Мага апам керек. Барып, аны издейин. — Ал бул жерде эмес, — дөбөдө, сенин атаң да ошол жерде, — кыжырдануу менен айта салды Уэйн. Мен ага таң кала көзүмдү акырайттым: — Көптөн бериби? Уэйн ашыкча сүйлөп койгонумду түшүндү, кайрадан чаңды аарчып кирди, анан иштин арасында: — Анан ал жерде сенин ишиң жок экенин да айтты. — Демек алар үйдү да көчүрүп кетүүнү чечишкен! — деп ызырындым. — Сен кандай акмаксың! — деп күлдү ал. Үйдү кантип көчүргөнгө болсун! — Албетте болот! Кыска бой мага баарын айтып берген. Ушул сөздөрдү айтып, мен эшикти көздөй жөнөдүм. Уэйн нааразы боло көзүн ирмеди: — Сенин апаң ушул жерде болуп, үйдү иретке келтиришиңе буйрук берген! Мен конок бөлмөсүн кыдырата карап чыктым: — Үй ансыз деле иретинде, Уэйн! Тазалагыч сенсиң — тазалай бер! Ал оозун ачып жетишкичекти, мен эшикти көздөй учуп чыктым. — Джош! — деп Уэйндин менин артымдан кыйкырып кала бергенин уктум. — Дароо артыңа кайт! Бирок Уэйндин айтканына баш ийүү оюма да келген жок. Анын сөзүнө дубалдар же өзүнүн тоту куштары баш ийсе иер эле. Босогодон ыргып түшүп, үйдү айланып чуркап чыктым, анан корообуздун түндүк жагындагы дөбөнү көздөй жөнөдүм. Ал жерге чоң платформаны коюп коюшканына эки күн болду, — а бүгүн болсо, жумуш чын эле күчүнө кирген окшойт. Мен алыстан эле чынжырдын массивдүү түрүн оодарып жаткан жана дагы кандайдыр-бир куралдарды жайып жаткан жумушчуларды көрдүм. Ошол эле учурда дөбөнүн боорунда шаар жактан келген автоунаалар көтөрүлүп бара жатыптыр — ал жерде эл да чогулганга жетишиптир. Кичинекей көптөн бери дөбөдө турган кичине үйдү короодон чыгарып кетем деп коркутуп жүргөн. Күлкү жана жандуу үндөр дагы жакшыраак угула баштады. Мен бүт күчүм менен чуркай баштадым: жок, мен мындай окуяны колдон чыгарып жибере албайт болчумун. Кимдир-бирөө көрбөй калса көрбөй калаар, бирок мен эмес! Акысыз цирк көрсөтүүсү деп атаса болоор эле — ал тургай андан да жакшыраак. Цирк — бирок биздин арткы короодо! Башында кичине үйдү акча иштеп табыш үчүн келип, фермада ар жыл сайын бир канча айлап жашаган мезгилдүү жумушчулар үчүн курушкан болчу. Эми Кичинекей аны «өзүнүн жер тилкесине» көчүрүп өтүш үчүн жолго тартып жатты. Ал бул тууралуу көп жолу сөз козгогон, бирок апам көз жашка буулуп, атам болсо ачуулана баштачу. Андан кийин «соттук доо арыз» жөнүндө кеп болчу, мына эми болсо Кичинекей сөздөн иш-аракетке өтүп отурат. — А «соттук доо арыз» деген эмне? — деп сурадым мен кийин апамдан. — Сен али жашсың, түшүнбөйсүң, — деп жооп берди апам, көз жашын жыртылган бет аарчы менен аарчып, бирок андан кийин баары бир эмне болуп жатканын түшүндүрүп бергенге аракет кылчу. Кичинекейдин ою боюнча, атам ага фермада иштеген акыркы жети жылдык акысын төлөп бергенге убада берип, бирок өз убадасынан баш тартыптыр. Ошондой эле Кичинекей атам ага айыл чарба жеринен бир канча акр бөлүп берерин, ага кошумча жумушчулар үчүн курулган ошол кичине үйдү да берерин убада кылганын ырастайт. Атам болсо андай убаданын бирин да бербегенин далилдейт. Бирок Кичинекей күбөлөрдү таап, атамды сотко жетелеп барды. Мен ошондо бул нерсенин аз гана бөлүгүн түшүнчүмүн. Атам менен Кичинекей баары бир тынымсыз жаңжалдаша беришчү, болгондо да ар түрдүү шылтоолор менен, мен алардын арасындагы өзгөчө айырмачылыкты көрө алчу эмесмин. Мени башка нерсе кызыктырчу — кантип эле үйдү бир жерден бир жерге көчүрүп болсун: вертолеттор учуп келип, үйдү көтөрүп алып, анан жаңы орунга түшүрүп коебу? Же болбосо учактар — кичине үйгө кайпып учуп келип, жоон бекем аркандарын ыргытып, анан үйдү жолдун жээгине жылдырып коебу? Бир сөз менен айтканда, мен үйдү ордунан жылдыруу жөнүндө таптакыр түшүнүгүм жок болчу — бирок мындай көрүнүштү колдон чыгарып жибере турган болсом, ошол жерде жерге кирип кеткендей болоор элем! Мен дөбөнүн чокусуна жеткенде, энтигип, бутумда араң турдум. Бул кезде кичине үйдүн бөлүгүн жерден көтөрүп коюшкан болчу жана бир канча жумушчулар полдун астына төшөлгөн оор жыгач устундарды тизип коюшкан эле. Анын жанында көрүнүшүнөн мурда армияда кызмат кылгандай көрүнгөн чоң жүк ташыгыч ыңгайлуу жүрүш үчүн жана үйдү өзүнүн платформасына жүктөш үчүн дөңгөлөгүнүн астынан ылайды чачыратып бурулуп жатты. Ошол жерде атам пайда боло калып, кичине үйдүн бурчуна мүдүрүлө түшүп, менин жеримден жоголгула деп жумушчуларга ызырынып жатты. Бирок кең далылуу күрсүйгөн бригадир аны бир карап койду да, жумушчуларга кайрылып, «тоскоолдук кылуучуларга көңүл бурбагыла» деген буйругун берди. Атам болгону ал жакты карап тилдеди да, Рейд аттуу соттун кишисинин жанында турган апам жакты көздөй жөнөдү. — Сиз эмнени карап турасыз? — деп кайрылды ал соттун кишисине. — Бул адамдардын баары менин ээлигимден жоголсун! — Колумдан эч кандай жардам келбейт, Мак, — деп жооп берди соттун кишиси (шаардын чоң жаштагы калкынын көпчүлүгү атамды «Мак» дегенден башка ысым менен аташчу эмес). Эрте мененки дыбырап жааган жамгырдан улам нымдашып калган кагазды жайып, соттун кишиси аны атамдын бет алдында булгалай сүйлөдү: — Мына буга ылайык, башкача айтканда, соттун чечими боюнча, эми бул үй Кичинекейдин менчиги болуп саналат жана ал аны өзү каалагандай колдоно алат. Эгерде башка жерге жылдыргысы келсе — демек, анын укугу бар. — Ушу силердин баарыңарды! — деп ызырынды атам, анан кагазда жазылганды көрүш үчүн көздөрүн жүлжүйттү. Апам кайрадан ыйлай баштады. Ал мезгилде өзүнүн досторунун — «Американын келечектеги фермерлеринин», ошондой эле биздин кошуналардын жана шаардык аңкоолордун үнүнөн кайрат алган Кичинекей апамдын качандыр-бир кезде кичине үйдүн алдына отургузган роза гүлдөрүнүн көчөттөрүн казып ала баштады. Мен Кичинекейдин жанында турган Катценберг мырза менен Катценберг айымды тааныдым, алардан бир аз алысыраакта алардын чоң кызы Джиль турган экен. Бул жерге О’Брайендер, Бергерлер жана Хопкинстердин үй-бүлөсү толугу менен келген болчу. Шаардан да отуздан кем эмес эл чогулуптур, булардын бардыгы бир адам сыяктуу «үй-бүлөнүн мээримдүү достору» болчу. Алардын ар бири кубанып, көрүп жаткандарынан ыракат алып жатканы айдан-ачык эле. Жада калса мен алардын кээ бирөөсү менен саламдаштым. Бирок баары бир мага бул жерде бир нерсе туура эместей сезилди. Алардын баары Кичинекейдин жанына үймөлөктөшүп алган болчу, мунун баарына караганда, алардын атам менен апамды жокко чыгарып коюшкандай түрү бар болчу. — Бүгүн мени колдогону келгендердин бардыгына чоң рахмат, — деп Кичинекейдин калың эл тарапка кыйкырганын уктум. — Сиздердин колдооңуздар мен үчүн чоң мааниге ээ! — Жок дегенде ушул көчөттөрдү тим койчу, уулум! — деп анын сөзүн жарым калтырды атам, калың элди аралап өтүп. Чогулгандарга бурулуп, колун булгалады: — Баарыңар тарагыла! Менин ээлигимден жоголгула! Бул нерсе биздин үй-бүлөгө гана тиешелүү нерсе, башка эч кимге тиешеси жок! Силерден жакшылыкча суранам, үйүңөргө кеткиле! Атам күрөктү тартып алмакчы болуп, Кичинекейдин колун кармады. Бирок Кичинекей атамды түртүп жиберди, ал бутунда тура албай, чалкасынан кулап түштү. Калың эл каткырып күлүп жатты. Апам элдешүүгө чакыргансып, ак жоолугун булгалап, элдин арасынан кысылып өтүп бара жатканда, андан артта калып калбайын деп, мен апама бекем жабышып алган болчумун. Бирок пайдасыз — ал тарапка эч ким карап да койгон жок. Жалпынын көңүлү атама бурулган эле: ал турганга аракет кылып жаткан кезде жазаланып жаткан өспүрүм сыяктуу аны көздөй жемелерин жаадырып жатышты. Атамдын бутунун астындагы ылай тоскоолдук кылып жаткандыктан, ал өйдө боло алган жок, албетте, аны соо деп айтууга да болбос эле. — Сандырак, карыган араккеч! — деп кыйкырды ага карай кимдир-бирөөсү. — Кичинекейдин тарамышын тартканыңды деги качан коесуң? — Бул ферманын баарын ал гана кармап турат, — деген башка үн угулду. — Уулуңа тиешелүү болгон нерсени уулуңа бер да. — Биз сени колдойбуз, Кичинекей! — деп кайраттандырды дагы бирөөсү. — Көчөттөрдү да, калгандарын да баарын ал! — Үй сеники болгондон кийин, анын кожоюну да сенсиң! Үндөр менин башымда аралашып жатты, бирок мен апам бутунда тура албай, кулап түшпөсүн деген коркунуч менен аны кучактап алдым. Бул көз ирмемде ал чөгүп бара жаткан адамга окшош эле… алдан-күчтөн тайып, күрөшкөнүн токтоткон жана мына-мына түбүнө чөгүп кете турган абалда болчу. Кандын жытын сезген карышкырлардын тобуна окшоп, чогулган эл аны жана атамды аябай кекетип шылдыңдап жатышты, оозуна киргенди оттоп, эң уят сөздөрдү айткандан уялып да коюшкан жок. Мен бул адептүү адамдардын: кошуналардын, туулганымдан тартып эле тааныган үй-бүлөбүздүн досторунун бетине карадым. Алар апам менен атама ушундай сөздөрдү айтканга кантип батынышты? Алар ушунчалык каардуу, уят сөздөрдү кайдан таап алышты? Анан менин агам да эмне үчүн өзүн биздин душманыбыздай тутуп жатат? Дүйнө аңтар-теңтер болуп кеткендей сезилди. Алыста чагылган жалт-жулт этип, анын артынан күн күркүрөөнүн жаңырыгы угулду жана жакындап келе жаткан кара нөшөрдүн шыбырты сезилди. Мен кайрадан жок дегенде бир адамдын жүзүнөн кайрымдуулук жана боор ачууну көрөмбү деген үзүлбөгөн үмүт менен болуп жаткан окуяга көз жүгүртүп карадым. Бирок мына жамгырдын биринчи тамчылары түшө баштады, анан мен адамдардын кол чатырларын ача баштаганын көрдүм. Розанын акыркы көчөтүн казып жатканда, Катценберг мырза кол чатырын Кичинекейдин үстүнө кармап турду. Ал жерден бир аз алысыраакта атам менен апам жумушчулардын чынжырларды үйгө бекитип, аны ал жерден биротоло көчүрүп кетүүнүн акыркы даярдыктарын көрүп жатышканын колунан эч нерсе келбей, аянычтуу карап турушту. «Бардыгы бул жерге достук оюн-тамаша үчүн келишпептир да, — деп акыры акылыма жетти. — Эч кандай учак менен вертолетту күтүүнүн да кереги жок экен. Чыныгы жашоодо бардыгы таптакыр башкача болот турбайбы…» Мен өз үйүмдө сүйүүнү билген эмесмин, бирок эми ал нерсени биздин кошуналардын үйүнөн да издөөгө болбой турганын түшүндүм. Бүт дүйнөнү кыдырып чыксаң да — ал эч жерде жок. Көңүлдөн кетпей койгон ойлор чыкыйымды лукулдатканы эсимде: «Үмүт жөнүндө унут. Сүйүү жок, үмүт да жок». Андан кийин менин башымдагы бардык ойлор өчүп кетти. Андан кийин менин эсимде калганы — мен артка, фермага, чуркап, көз жаш менен кыйкырыкка муунуп калганым эле. Дөбөнүн чокусунан угулган жалпынын кубанычтуу кыйкырыгы мени жонумдан түртүп жибергендей болду: өзүнүн күчтүү дизелине газды берген платформа баткак жол менен кичине үйдү «Кичинекейдин жер тилкесине» сүйрөп бара жатты. Бул нерсе биздин үйдө айрылуу болгонун билдирип турду, мен өз агамды кайрадан көрөөр бекеним да түшүнүксүз болчу. * * * Кара нөшөр менин өтмө катарымдан өтүп кетти, анан энтиккенимди басып алыш үчүн кургак жана кенен кампага кире качтым. Кампанын аркы бурчунда дан сактоочу жай боло турган, ал жерге буудайды, сулуну жана укаланган жүгөрүнү төгүп үйүп койчубуз, кийин аларды аралаштырып малга берер элек. Мен кампанын секичелери менен жогору көздөй чуркап чыгып, ачык турган эшиктен кирип, артымдан оор темир түркүк менен жаап салдым. Менин бет алдымда жыгач торчо менен тосулган эки терезе бар болчу. Торчону кармап турган казыкты уруп сындырдым да, караңгыда калып, жүгөрүнүн үстүндө төрт аяктап жөрмөлөп, дандын ичине мойнума чейин кирип кеттим. Мен өлгүм келди. Анан да, дөбөдөгү «кызыктуу сейил» мен күткөндөй болбогону үчүн деле эмес. Ата-энемдин жасалма достору тарабынан көргөн кордугу үчүн да, өз үй-бүлөсүнө каршы чыккан агамдын айынан деле эмес. Бардыгы биригип кетти, анан менин ичимдеги бир нерсе сынып, жүрөгүмдү терең кайгыга батырды. Мен өмүрүмдө билбеген уятты сездим. Бүткүл дүйнө боюнча, менде бир дагы жакын адамым жок экенин сездим. Бышактап ыйлап жатып, мен Кудайды каргадым жана жемеледим. Менимче, ушул күнгө чейин мен Кудайга болгон балалык ишеним сыяктуу бир нерсени сактап келген окшоймун. Бирок эми мен Ал бар экенин деле билген жокмун. Муштумумду түйүп, Ал азыр менин алдымда тургандай, Аны коркутуп жаттым. Эгерде Ал азыр менин алдымда болгондо, мен Ага атырылып, өзүмдүн бардык жек көрүүмдү Ага төгүп салмакмын. Кудайга болгон ушунчалык күчтүү жек көрүүнү бул дүйнөдөгү эч кимге карата сезбеген болсом керек эле. Бирок мен атамды ушул тапта ушунчалык жек көрдүм — балким, андан да күчтүүрөөктүр. Мен анын дарегине айтылган каргыштарды кайра-кайра кайталап жаттым, кудум-эле кандайдыр-бир антты берип жаткансып. Азыр деле ал кандайдыр-бир пайдалуу ишти кылгандын ордуна кайсы-бир жерде шараптын бөтөлкөсүнө жабышып алып отургандай сезилди. Жок, бул атам эмес болчу. Бул балдарын эмне үчүн төрөткөнү өзүнө да белгисиз болгон, каргышка калган араккеч болчу. Бирок эч нерсе эмес — анын сазайын колуна берем. Мен бул үчүн кам көрөм го. Ошентип бир, эки, үч саат өттү. Ачкачылык аз-аздан өзү жөнүндө кабар бере баштады. Бирок мени чакырыш үчүн эч ким келген жок, эч ким мени издеген жок. Убакыт өткөн сайын мени эч ким издебей турганы ачык боло баштады. Мен жалгыз болчумун, таптакыр жалгыз, мен өлүүмүнбү-тирүүмүнбү, дүйнөдө аны менен эч кимдин иши жок эле. Акыры мен чыктым, эшик ачылды. Эшиктен кирген күчтүү жарык менин көзүмдү уялтып жиберди. Көзүм жүлжүйө түштү. Бул жарыктагы кимдир-бирөөнү көрүп калаттырмын деп ойлоп кеттим. Мени издеген, мени табыш үчүн келген бирөөнү. Мисалы, апамды деп коелу. Ал менин атымды айтып чакырып, мага эмне болгонуна тынчсызданып жатат. Бирок ал жерде эч ким жок эле. Болгону кампанын дубалындагы жылчыктан кирип жаткан суук шамалдын үнү угулду. Мен кире бериштен өтүп, уйканага кирдим, Доллинин жана башка жаныбарлардын жанынан өттүм. Бир мүнөткө токтой кет дегенсип, Долли акырын окуранып койду. Мен ага карадым, бирок токтолбостон өтүп кеттим. Ошондо: «Бул дүйнөдө сүйүү деген кайдан болсун, — деп ойлогонум эсимде. — Элдер жөн гана анткорлонуп коюшат, ошондой түр көрсөтүшөт. Өздөрүн акылдуу ойлоп, өзүнүн эки жүздүүлүгү менен кимди болбосун акмак кылып кое алам деп эсептешет. Бирок алар кимди акмак кыла алат? Анткени биз бардыгыбыз окшошпуз да. Мен ошол жаныбарлардан анча деле жакшы эмесмин. Баарыбыз өлө турган күн келет. Мында да биз алардан эч нерсебиз менен айырмаланбайбыз. Жер астында чирип кетебиз жана бизди эч ким эскербейт. Жашоо маанисиз. Кудай жок». Мен уйканадан чыгып, чөптү аралап, үйгө жөнөдүм. Менде калган балалык айыпсыздыктын акыркы тамчысы да биротоло, кайрылбас болуп кете берди. А, балким, ал көптөн бери эле жоктур, болгону мен мурда муну түшүнгөн эмес чыгармын — анткени жан дүйнөм ушунчалык азапты биринчи жолу тартып жатат. Бирок мен башка нерсени түшүндүм: мурдагы айыпсыздыктын ордун кандайдыр-бир каардуу жана таш боор нерсе ээлеп алды. Жүрөгүмө кирип алган бул кайгыны өзүмдүн жаңы жакшы досум катары тосуп алдым. Мен биле туруп (ошол кезде мага түбөлүктүүдөй сезилген) Кудай мен жөнүндө кам көрөт деген ар бир ойду четке какканмын. Он эки жашка чыкканда, мен Баарынан Жогоркуга «кош» деп айтканмын. БЕШИНЧИ БӨЛҮМ. МЕКТЕП Мурда мага кичинекей балдар гана үйүнөн качып кете тургандай сезилчү. Бирок мен он үч жашка толгондо, менин апам да үйдөн чыгып кетти. Ашканадагы столдун үстүнөн атама жазып кеткен катын биринчи болуп мен таптым: «Мен Чикагого бара жатам. Жумуш таап, орношуп алганымда, Джошту алдырганы бирөөнү жиберем, ал да келип, мени менен жашайт». Мен бул катты атама көңүлсүз көрсөттүм. Менин байкашымча, ал бүт күн бою оозуна бир тамчы да алган жок. Андан кийин дагы ичип алды. Бирок бир канча жумадан кийин биздин үй-бүлөнүн Бэттл-Криктеги достору апамдын кайда экенин билип калышып, аны кайтып келгенге көндүрүшүптүр. Аны көргөндө, кучагыма кысып алгым келди, бирок ага жөн гана тийип койгонума да ыраазы болушума туура келди. — Сени эми кайтып келбесе керек деп ойлоп койдум эле, апа, — дедим да, андан сурандым: — Эми мындай кылба, макулбу? Бирок ал жооп берген жок, унчукпастан менин чачтарымды сылай берди. Анан дагы бир жолу мени карап алыш үчүн артына бурулду да, уктоочу бөлмөсүнө кирип кетти: — Мен өтө чарчадым, Джош. Жатып, бир аз эс алып алайынчы. Кечки тамакты жасаш үчүн Уэйнге жардам бер. — Макул, апа. Мен ашканага кирдим, Уэйн чоң идиштеги рагуну аралаштырыш үчүн мени дароо плитанын жанына тургузуп койду. Мен сыягы ойлорума бүтүндөй берилип кеткен окшойм, анын узун бармактары жонумду кармалап жатканын сезгенге чейин, анын жаныма келгенин деле байкабаптырмын. Ошол көз ирмемде азыр аны өлтүрүп сала турганымды түшүндүм. — Эми мектептен кийин эмне менен алек болоорумду билесиңби, Уэйн? — деп мен андан сурадым. — Эмне менен? — ал элейе жооп берди. — Мен футбол ойнойм. Ал менин мойнума жакын келип, мурду менен демин ичине тартып: — Бул оюн чыныгы эркек үчүн… — деди. Шарт бурулуп, Уэйнди дубалга ныктап салдым. Мен анын тамагын бир колум менен кармап, экинчи колум менен болсо, бетине бир муштадым: — Эми мага колуңду тийгизип көрчү! Тийгизип көргүн — өлтүрүп салам! Корккондуктан Уэйндин көздөрү чанагынан чыгып кетти. Ал менин ачууланганда кандай болоорумду көрүшүнө туура келди. Мен аны дагы катуураак муунтуп: — Сен мени түшүндүңбү? — дедим. Ал акырын башын ийкеди. Бирок аны менен болгон ишим бүткөн жок. Анын бети көгөрүп баштаганга чейин, колумду кое берген жокмун. «Аны азыр эле өлтүрүп салсам эмне болот?» — деп ойлодум, аны дагы катуураак кысып. Аны өлтүрүп, эч кимге билгизбей, ишенимдүү жашырып кое турган обочо жер фермада жетишерлик болчу. Ошондо Уэйн шымына сие баштады. Мен жийиркенип, аны өзүмдөн ары түртө салдым. Ал бүт денеси калтырап, полго кулап түштү. Аны бир тээп жолдон чыгардым да, ашканадан чыгып кеттим. Ошондон кийин ал мага жологон жок. Ар бирибиз өз ишибиз менен алек болдук, бири-бирибизди байкаган деле жокпуз. Бир канча жылдан кийин болсо, Уэйн жумушун таштап, фермадан биротоло жок болду. * * * Мен Уэйндин кете турган болгонуна абдан кубандым. Бирок анын кетиши менен үйдөгү эч бир нерсе жакшы жагына өзгөргөн жок. Чынын айтсам, үйдө мурдагыга караганда көбүрөөк иштешиме туура келди. Эми, мен да эжелериме, агама окшоп, ферманы таштап, ага эч качан кайтып келбей турган күндөрдүн тезирээк келишин чыдамсыздык менен күтүп жаттым. Мектеп менин кубанычсыз жашоомо жагымдуу ар түрдүүлүктү алып келгенине таң калууга болор беле. Баскетбол менен футболдогу байкаларлык ийгиликтер мени ортоңку жана жогорку класттардын арасында жөн эле жылдызга айландырып салды. Онунчу класста Шерон Талли деген кыз менен жолугуша баштадым, бул мамиле мектеп бүткөнгө чейин уланды. Менин бааларым да жетишерлик жакшы болчу, акчалар да келе баштады: мен ремонттоочу устаканада толук эмес жумушчу күнү менен иштечүмүн. Менин спорттук жетишкендигимдин жыйынтыгы катарында, жада калса менде «суррогаттык ата-энем» пайда болду — Блейксли дарыгер жана анын аялы. Алар менин өз ата-энем бир жолу да келбеген оюндарыма «колдоп турганы» келишчү: атамдын айдан ачык себеби бар эле, апам болсо ашыкча толук болгон үчүн отургучтардын арасындагы катарга батчу эмес. Бирок мен буга кубанчумун, анткени эгерде мени анын жанында көрүшсө, ыңгайсыз абалда калмакмын. Айта турган башка кеп — Блейкслилер тууралуу. Менин билишимче, экөөнүн бирге болгону аларга чын эле ыракат тартуулоочу. Экөө тең жакшы кийинип жүрүшчү, бири-бирине абдан төп келчү. Блейксли айым көбүнчө чыканагына чейин ак түстөгү кол кап жана модалуу шляпа кийип жүрө турган, же болбосо мойнуна түстүү шарф ороп алчу. Ал келишимдүү жана мээримдүү аял эле жана мага дайыма мээримдүү жылмайчу. Биздин шаардагы бардык адамдардын Блейксли дарыгерге чоң урмат-сый менен караганы таң калыштуу эмес болчу. Ал менин апама медициналык жардам көрсөтүп жүргөн ошол көптөгөн жылдар ага биздин үй-бүлөнүн аз эмес сырларын ачып берди, ошондуктан алар мага ушунчалык көңүл буруп, кам көрүү менен мамиле кылгандай сезилчү. Бир сөз менен айтканда, ал ишенсе боло турган киши болчу. Алардын өз балдары жок болсо деле, Блейкслилер менин үлгүлүү жубайлардын жана үлгүлүү ата-эненин образы катарында идеалым болуп калышты. Алардын уулумун деп ойлоо мага чындыгында жага турган. Албетте, бул — болбогон фантазия экени мага айдан ачык болчу, — алар кантип менин чыныгы ата-энем болсун? Бирок баары бир мен оюмда аларды бул роль менен элестетип көргөнүмдө, мага анчалык оор болбой калчу жана бул нерсе мени жаңы ийгиликтерге умтулганга мажбур кылчу. Ошондой эле кеп менин апам жакшы энедей болуп, мага көңүл бурганга аракет кылбаганында деле эмес болчу. Ал колунан келишинче аракет кылчу, бирок андан эч кандай майнап чыкчу эмес. Мектепти бүтүрө турган жыл аягына жакындап калганда, бардык класс үчүн уюштурулган майрам биздин үйдө боло турган болуп чечилди. Апам экөөбүз жаныбызды аябай эмгектендик: столдорду жасап, талдын астына койдук. Менин досторум биздин кампанын арт жагына футбол үчүн оюн талаасын орнотконго жардам беришти, ошондой эле биз ошол күнү каалоочулар минсин үчүн аттарды ижарага алдык. Баары эс алуу жана көңүл ачуу максаты менен — жана да бүт күн бою мектептен сырткаркы жерде алдыдагы бүтүрүү кечесинин даамын татуу үчүн жасалган болчу. Бир нерсе гана мени чындап тынчсыздандырып жатты, бирок апам бул коркунучумду таратып жибергенге аракет кылды. «Тынчсызданба, — деди ал, — ал бүт күн бою шаарда болот. Мен бул үчүн кам көрөм». Майрам күнү атамдын пикабы үйдүн алдындагы көк чөптүү аянтка токтогон кезде, баарыбыз ачык асман астына жайгашып, эми гана түшкү тамакка киришип жатканбыз. Атам өлөрчө мас экенин дароо түшүндүм: катуу айдап баратып тосмону жыгытып, апамдын гүл отургузган аянтын басып өтүп, андан кийин тосмону көк чөптүү аянттын башка тарабына жыгытты да, анан акырында, унаасын токтотту. Пикаптан акырын чыгып, бир канча секунд бутунда турганга аракет кылды, бирок өзүн кармап тура албай, көмкөрөсүнөн чөпкө кулап түштү. Баары каткырып жатып калышты. Көз жашыма какап, үйдү көздөй чуркадым, апам болсо тып-тып басып менин артымдан келе жатты. «Джош, — деп чакырды ал мени сооротконго аракет кыла. — Джош, сен кайдасың?» Ал мени уктоочу бөлмөмдөн тапты. Бетимди жаздык менен жаап алып, эч ким менен сүйлөшүүнү каалаган жокмун жана үйдөн чыгуудан таптакыр баш тарттым. — Сен түшүн, ал үчүн бул жума ушунчалык оор болду. Мен уккан кулагыма ишенген жокмун — апам кайра атамдын жүрүм-турумун актап жатат! Ошондо бөлмөгө менин англис тилинен окуткан мугалимим Филпот айым кирип келди. Ал дагы менден короодо күтүп жаткандарга кошулушумду суранып жатты. — Жок, чыга албайм, — дедим мен. — Тынчсызданба, баары ордунда болот, — деп ишендирди ал. — Жок, ордунда болбойт, — деп жооп бердим мен. Апам атамдын — араккеч экенин мойнуна алгысы келмейинче, эч нерсе ордуна келбейт. Менин каардуу чараларым аны өзгөртө алган жок, бирок апамдын көрүп-билип туруп, жол бергенинин айынан абал андан бетер оор боло түшчү. Короодон күлкү жаңырды, андан кийин менин жакшы досторумдун бири, Дэвиддин мени чакырып жатканын уктум. Мен көзүмдү аарчып, конок бөлмөгө чыктым. Парданын артынан этият болуп карап, биздин алгебра мугалимибиз Редмонт мырзанын атамды короодон алып чыгып бара жатканын көрдүм. Менимче, алар кампа тарапка бара жатышты. «Шашпай тур, сен бүгүн дагы байланган бойдон турасың» — деп өзүмчө кобурадым. — Джош! — деп кыйкырды Дэвид. — Кана, бери чык! Мен эшикти ачып, босогону көздөй кадам таштадым. Менин бардык досторум атамдын артынан карап, күлүп жатышты. Мен дагы күлдүм, бирок менин ичим оорудан кыйкырып жатты. Мага да күлкүлүү болуп жаткандай түр көрсөтүп, талдын астындагы столго келдим. Дэвид мени колумдан тартып, өзүнүн жанына отургузду. Бул сценанын баарын карап туруу мага канчалык оор болуп жатканын ага түшүндүрүп бериштин кереги жок болчу. — Сенин бул жерде эмне айыбың бар, Джош? — деп желкесин куушурду Дэвид. — Анын майрамды бузушуна жол бербе. Мен досумду карап, өзүмдү зордоп жылмайдым. Ооба, ал туура айтып жатат. Бирок баары бир Кичинекей кичине үйдү өзүнүн жер тилкесине ташып кеткен күндөгүдөй көңүл айландырган тааныш сезим мени эч таштап кетпей койду. Бул атам мени досторумдун алдында уятка калтырган жападан-жалгыз окуя эмес болчу. Анын үстүнө фермадагы иштер жыл өткөн сайын начарлап бара жаткан. Бирди бирге улап оокат кылуу үчүн атам барган сайын ферманы бөлүк-бөлүккө бөлүп, арзан баада сата баштаган. Жыйынтыгында, бизде акча маселеси кыйын болуп калгандыктан, ал менин орто мектебимдин жанында бир имаратта жайгашкан башталгыч мектепке толук эмес жумушчу күнү менен кароолчу жана тазалоочу болуп жумушка орношту. Мен мүмкүн болушунча андан качканга аракет кылдым, бирок танапистерде кааласам-каалабасам анын коридорду шыпырып же ажаткананы тазалап жүргөнүн көрүп калчумун. Мен бир жолу да ага басып барган жокмун, аны менен сүйлөшкөн жокмун. Бул жерде ал мен үчүн жоктой эле. Болжол менен ушул эле кездерде атам «Жашыруун араккечтердин» чогулушуна барып жүргөн, бирок ал аны да жарыткан жок. Мен бул нерседен таптакыр үмүт кылган жокмун, атам өзгөрүшү мүмкүн экенине ишенген жокмун. Ал үчүн менде өзгөчө үмүттөр да жок эле. Ошондуктан окуучулардын алдында «туура эмес көрүнүштө» пайда боло баштаганы үчүн аны жумуштан кууп чыгышканда таптакыр таң калган жокмун. Атам кайрадан жердин дагы бир бөлүгүн сатышына туура келди. Бир жолу кечинде, болжол менен бүтүрүүгө эки ай калганда, мен жолугушуудан кайтып келип, апамдын ыйлап жатканын уктум. Санаам санга бөлүнгөн мен бөлмөлөрдөн аны издеп жаттым, бир эле убакта атамды да. «Эгерде ал ага дагы бирдеме кылып койгон болсо…» — деп ойлогончо жете электе эле, муштумумду түйүп алган элем. Мен апамды өзүнүн керебетинде ыйлап отурган жеринен таптым. Айта турган эч нерсе жок, бети шишип кеткен, кезектеги келтектөөдөн бардык жери канга боелгон. Адаттагыдай эле, ал атамды коргоп кирди. Анан мен, дайыма болуп келгендей, мындан улам дагы катуураак ачууландым. Дароо аны таап алып, ал ага кандай кылган болсо, мен да ага ошондой кылдым. Андан да бетер кылдым. Ыйлап отуруп, апам мага карады. — Отурчу, уулум, — деди ал, керебеттин четине жылып. Эми анын үнү адаттагыдай угулган жок жана бул мени дагы күчтүүрөөк тынчсыздандырды. Мен анын жанына отурдум. Ал карама-каршысындагы дубалдан көзүн албай карап турду. — Сенин атаң менин жүрөгүмдү жаралады, — деди акыры ал. — Ал баарынын жүрөгүн жаралады, апа. Ал көп жыл мурда эле сенин жүрөгүңдү жаралап бүткөн. Апам кайрадан мени карады, унчукпай башын ийкеди, анын көз жашы жаагынан ылдый куюлуп жатты. — Ооба… баары туура. Бирок эми… түшүнүп турасыңбы, мен буга мындан ары чыдай албайм, күчүм жетпейт. Мен сенин мектепти аяктаганыңды көргүм келет, андан кийин… андан кийин өлсөм да боло берет, мына ушундай. — Минтип тамашалашпа, апа… — Мага сөз бер, Джош, — деп сөзүмдү бөлдү ал. Ал андан ары эмне дей турганын күтүп, унчукпай калдым, бирок сыягы анын айтаарга сөзү да калбады окшойт. Апам кайрадан бурулуп алды да, бош дубалды тиктеп отура берди. — Мага үч нерседе сөз бер, — деп шыбырады ал акыры. — Болуптур, апа. — Эч качан араккеч болбойм деп сөз бер. Мен башымды ийкедим. — Эч качан сөгүнбөйм деп сөз бер. Мен мындай нерсени убада бере алгыдай абалда эмес болчумун, бирок кайрадан башымды ийкедим. — Ошондой эле, чоңойгонуңда мен менин уулум деп сыймыктана ала турган бала болооруңду айтып сөз бер. Бул жолу мен анын сөздөрүн уккан деле жокмун. «Мындай болушу мүмкүн эмес, — деп ишендирдим өзүмдү. — Апам өлүшү мүмкүн эмес. Кимдир-бирөө өлсө өлөөр, бирок менин апам эмес». — Мага сөз бер, — деп кайталады ал. — Сөз берем, — деп жооп бердим мен, анын алаканын күч менен кысканча. Ал көздөрүн жумуп, керебетине кыйшайды. Анын жанында дагы бир аз отурдум да, кетиш үчүн өйдө турдум. Ал уктап кетти окшойт. Анын дем алуусу жеңил жана жайбаракат боло түштү. «Эртең баары калыбына келет жана ал өзүн таптакыр башкача сезип калат, — деп айттым өзүмө оюм менен. — Уйканада түнөгөн атам сыяктуу болуп». Анын сазайын колуна берем деген чечим менен дароо бөлмөдөн чыгып кеттим. АЛТЫНЧЫ БӨЛҮМ. СОГУШТУК АБА КҮЧТӨРҮ Мектептеги бүтүрүү кечеси менин эсимде кандайдыр-бир өзгөчө нерсеси менен сакталып калган эмес. Аттестатымды алдым, аны сыймыктануу менен апама көргөздүм, андан бир канча жума өткөндөн кийин, бир канчалаган мектептеги досторум менен бирге Улуттук гвардияга аскерге чакырылдым. Бизге «достук системасынын» жардамы менен армияда ажырап кетпей турганыбызды убада кылышты. Бирок баары армияда боло тургандай болду: окуу бөлүктөрүнө бөлө баштаганда, биздин компанияны да дароо эле бөлүп коюшту. Менден башка бардык досторумду Лекленд авиабазасына бөлдү. Жок, мындай болбойт деп чечтим мен — анткени биз аскерлердин отрядыбыз жана биз бирге болушубуз керек! Мен жергиликтүү вербовка кылуучу аскер адамы, САКтын капитанына, атырылып кирдим. — Мен да досторум менен Леклендге баргым келет! — деп корс эттим. — Эч кандай, — деп жооп берди ал, көзүн да жогору көтөрбөй, анан жоон кагаздардын арасынан бирдеме издегенин улантты. — Мырза, сиз мага «жок» деп айта албайсыз. — Капитан менин бетиме тик карады, анан мен дароо кошумчаладым: — Сизге болгон бүтүндөй сый-урматым менен айтып жатам, мырза, мен үчүн «жок» деген сөз жок. Ал мени баштан-аяк карап чыгып, жылмайып койду. — Жалпысынан айтканда, бир жолу бар, — деди ал. — Угуп жатам, мырза? — Сен САК га чакырыла аласың, ошондо досторуң менен бирге болосуң. — Мен… боло аламбы…? — Боло аласың, боло аласың. — Мен… чакырыла аламбы… — Баары туура, сен аскерге чакырыла аласың. — Согуштук аба күчтөрүнөбү? — Так ошондой. Согуштук аба күчтөрүнө. Ойго батып кетип, мен таңдайымды такылдатып жибердим — өзүмдүн мындан кийинки төрт жылдык жашоомду армиянын казармасында өткөрүү кандай экенин элестеткенге аракет кыла. Мени кайраттандыра турган кандайдыр-бир нерсе келген жок башыма. Капитан өзүнүн бир топ кагазына кайтты. — Макулмун! — өзүм үчүн да күтүүсүздөн корс эте түштүм. Капитан жылмайды. Дагы бир аз убакыт өттү, анан мен аскердик антымды бердим. Бирок мен аскердик анттын сөздөрүн айтып жатканымда, башымда башка бир ой токтолбостон согуп жатты: «Эх, сен буга бекер макул болдуң…» Бирок анча убакыт өтпөй эле, САК мен элестеткендей оор сыноо эмес экенин түшүндүм. Мен өзүмдүн «окуп-үйрөнүүнүн» эки жумасын досторум менен бирге өткөрөм деген тикеден-тике максатыма жеттим (моюнга алып айтыш керек, армиялык кызматка барууга өзгөчө шылтоо), а аскердик бөлүктө болуп калгандан кийин, мен аскердик кызматтан алууга мүмкүн болгон нерсенин баарын алам деп чечтим. Мага техника менен иштөө дайыма жакчу, ошентип мен Делавэр штатынын Дувр шаарындагы САК базасында авиамеханик кызматына дайындалдым, ал жерде С-124 деген транспорттук учактарды ремонттоп, кызмат көрсөтүп турушчу. Ошондой болсо да, жогору турган башкармалык менин жөндөмдүүлүктөрүмө жакшы колдонуу табылат деп чечти. Спорттук маалыматтарымдын жардамы менен мен ошол жерде да өзүмдүн аскер бөлүгүмдөгү баскетбол командасына киргизилдим, анан биз аны менен башка авиабазалар менен мелдешип, бардык Чыгыш жээктерин кыдырып чыктык. Элестетип көрүңүз, биз бир канча турларыбызды кайсы-бир жакта эмес, Бермудада өткөргөнбүз! Спорт командасынын атынан чыгуу чоң сыймык болуп эсептелчү, ошондуктан биздин взводдун командири сержант Уильямс мага кызматтык жеңилдиктерди берүүгө дайыма даяр болчу. Ошондой болсо да, мага мезгил-мезгили менен механиктин милдетин да аткарып турууга туура келчү. Бир жолу, ремонттоочу ангардан өтүп бара жатып, асылып турган платформанын жанынан кыя өтүп баратканда, ал жерде эки техник С-124 менен алек болуп жатышкан эле, кимдир-бирөөнүн этият бол деген кыйкырыгын угуп калдым. Башымды өйдө көтөрүп, менин төбө тушумда иштеп жаткан адамдар оор трубаны түшүрүп жиберишкенин көрүп калганга жетиштим. Бирок кайтып кетүү же четке чыга качуу мүмкүнчүлүгү жок болчу, анан труба түз эле менин башыма түштү. Мен караңгылыкка кирип кеттим… көзүмдү ачканымда Филадельфиядагы флоттук госпиталда жаткан экенмин. Мүмкүн болгон анализдер, изилдөөлөр жүргүзүлдү, жыйынтыгында мен алган травма олуттуу экени ачыкталды: оң жак мээнин шишиги. Бир жарым айга созулган сутка бою дарылоолордон кийин дарыгерлер мени андан аркы байкоолор үчүн госпиталда калтырышты — башка сөз менен айтканда, мен ар бир күнү саат сегизден бешке чейин госпиталда болушум керек болчу. Калган убакытты өзүм каалагандай колдоно алчумун. Кээде мен поездге отуруп, авиабазадагы досторумду көрүш үчүн Дуврга барчумун, бирок көбүнчө коңшу аскер бөлүгүндөгү клубда балдырап отурчумун. Ошол күнү мен күзөт нөөмөтөүн алмаштырып жаткан бир канча медайымдардын арасында отурган элем, ошондо өзүнөн бир канча улуу аялдар менен кайрымдуулук организациясынан келген кезектеги курмандыктарды сорттоп жаткан бейтааныш кызды байкап калдым. «Кызык, бул мээримдүү кыз карыган аялдар менен бирге эмне кылып жатат?» — деп кызыгып калдым. Кечирим сурадым да, мен столдон өйдө болуп, аялдар турган ошол жерге жөнөдүм. — Салам, менин атым Джош, — деп айттым. Ал унчукпай башын ийкеди. «Мм, — деп ойлодум мен, — сөзгө анча жок экен». — А сенин атың ким? — деп сурадым. — Фейт. — Сулуу ат экен. Мен мурда сени бул жерде көргөн жок элем, Фейт. — Мен мурда бул жерде жок элем, — токтоо жооп берди ал, консерва банкаларын столдун үстүнө койгонун уланта. — Деги сен бул жерде эмне кыласың? Сендей жакшынакай кыз башка кызыктуураак жумушту да таба алмак. — Мен волонтермун, — деп гана жооп берип койду. — Түшүнүктүү. А бул аялдарчы…? — Алар да волонтерлор. Анын сөздөрү мени таң калтырды. — Волонтерлор. Бул керектүү иш. Волонтер болууну айтып жатканым. — Фейт жооп берген жок. — Билесиңби, сен бул жерге волонтер катарында акыркы ирет келген жоксуң деп үмүттөнөм… Анан да, бул эле эмес. — Чын элеби? Эмне үчүн? — Сен ушунчалык татынакай кыз экенсиң. — Бул жерде, татынакай кыздар көп окшойт. Мен азыр гана сенин тигил столдун арт жагында ошол эки кыз менен сүйлөшүп, күлүп отурганыңды көрдүм. — Ооба, — дедим оңтойсуздана түшүп, ошол жакты карап. — Булар госпиталдагы медайымдар. — Ах, госпиталь… — деп кайталады Фейт. — Мен көрүп турам, сен бул жердин өз адамысың. — Ооба. Мен бул жерде дарыланып жатам, бир нече убактан бери. Фейт унчукпастан мага көңүл буруп карады. Анын мага болгон мамилеси жакшы тарабына өзгөрүлгөнү байкалып турду. Мен анын алсыз жерин таап алгандай сездим: ал боорукер жан болчу. — А сага эмне болгон эле? — деп сурады ал боор ачыган үн менен. — Башымдан жараат алгам. Дарыгерлер мени жөн гана өлтүрүп коюшу мүмкүн болгонун айтышат. Биз булардын бирине... башкача айтканда С-124 кө бомба жүктөп жатканбыз. Бактыга жараша, менден башка эч ким жабыр тарткан жок. Ал түшүнүү менен баш ийкеди. — Бирок азыр жакшы болуп калдыңбы? Мен көзүмдү акшырайтып, талмасы кармаган кишидей башымды ары-бери калчылдатып, таңдайымды такылдаттым. Фейт бырс күлүп жиберди. Биз дагы бир аз убакыт сүйлөшүп турдук, бирок андан кийин ал кетиши керек болду. — Мен сени дагы качан көрө алам? — деп сурадым мен андан. — Билбейм деле. А эмне үчүн? — Кантип — эмне үчүн? Ушундай сулуу кыз менен кантип дагы жолугууга болбосун? Мен сенин жаныңда туруп эле, жакшы болуп бара жатканымды сезип жатам! Ошол жерде турган улуу жаштагы аялдардын бири эч тартынбай биздин сүйлөшүүбүзгө аралашты, Фейт менен менин арама туруп алды. — Фейт, — үнүндөгү чыдамсыздык менен сүйлөдү ал, — сени дагы канча күтөлү! Үйгө кете турган убакыт болду. Фейт башын ийкеди жана кетиш үчүн бурулду. — Эгерде кааласаң, мени менен жыйынга барсаң болот, — деди ал кетип бара жатып. Мен майда-чүйдөсүнө чейин сурап билип алыш үчүн анын артынан ээрчидим. — Сөзсүз келем, — дедим мен, Фейттин жана башка аялдардын алдында эшикти ачып берип жатып. Мен алардын жолдун аркы бетинде күтүп турган микроавтобуска отурушканын карап турдум. Фейт отураардан мурда бурулуп, мага карады. Мен ага кол булгалап койдум, анан ал жылмайды. Бул күн текке кеткен жок окшойт дедим өзүмө. Кийинки күнү эрте менен мен процедуралардан суранып, Фейт келиши керек болгон жыйынга жекшембилик чогулушка жөнөдүм. Ал анча чоң эмес имарат экен, мен жада калса бул жыйындын кайсы деноминацияга таандык экенин деле билген жокмун. Кызматка элүү-алтымыштай адам келди. Мен Фейттин ата-энеси Тернерлер менен жана анын сиңдиси Хоуп менен тааныштым. — Мына эмесе! Эгерде сиздин үчүнчү кызыңыз да бар болсо, — бүт оозумду ачып жылмайдым да, Тернер мырза менен Тернер айымга айттым, — анда анын аты Чарити болсо керек![3] Менин тамашам аларга анча деле жага бербеди окшойт, бирок баары бир Фейт менен Хоуптун билинер-билинбей жылмайышканын байкадым. Жыйындан кийин Фейттин ата-энеси мени түшкү тамакка чакырды. Үй-бүлөлүк дасторкондо отуруу абдан жагымдуу болду, анын үстүнө армиянын ашканасында эмес, үйдө бышырылган тамак менен. Вилканы колума алып, тамакка кол салганы жатканымда, Фейттин: бир аз сабыр кыла тур, Джош! дегендей белги берген көз карашын байкап калдым. Мен вилкамды түшүрүп, акырындык менен анын атасына карадым. Тернер мырза мага башын ийкеп, андан кийин башын ылдый кылып, «Сага» жана «Сенин» деген сөздөр көп жолу айтылган сыйынуу сөздөрүн айтты. Тамакты тарелкаларга бөлүп беришкенден кийин, Тернер мырза менин кандай үй-бүлөдөн экенимди, кайсы жерде төрөлгөнүмдү сурай баштады. Мен ага биздин Мичигандагы ферма жөнүндө жана Дуврдагы авиабазанын баскетбол командасында жарым коргоочу болуп ойной турганым жөнүндө айтып бердим. — А сиз Ыйса Машайак менен кандай мамиледесиз? — салмактуу үнү менен сурады Тернер мырза, өтө курч бычак менен ростбифти (духовкада бышырылган уйдун эти — Котор.эскер) кесип жатып. Мен мукактана түштүм. Мага Ыйсанын, эгерде чын эле жашаган болсо, эки миң жыл мурда жашаганы гана белгилүү болчу. — Эч кандай, — акыры жооп бердим мен. — Анан да ал эврей эмес беле? Тернер мырза кесе турган бычакты четке коюп, мага тигиле карап калды. Кишинин көңүлүн оорутпаган Тернер айым ошол замат теманы башкага бурганга шашылып кетти. Мен кийинки жумада да жыйында пайда болдум, андан кийин дагы бир жумадан кийин да, бирок Фейтти көрүш үчүн гана. Кызмат зеригиштүү жана чарчатып жиберүүчү болчу, а насаатчынын харизмалары болсо, бир тал муздак макарондон узун эмес болчу. Анын үстүнө Тернер мырза экөөбүздүн ортобузда дин туурасында күчтүү пикир келишпестик бар эле. Менин билишимче, Ыйса кадимки эле адам болгон, болгону Ыйык Китептин жардамы менен даңкы чыгып кеткен. Ал өзүнүн эли менен жана римдиктер менен араздашып калган жана айкаш жыгачка кадалган, болгону ушул. Өлгөн, анан иш бүттү. Ооба, Ыйса динди негиздеген — мен аны андан тартып алгым келген жок. Ошондой эле мен диндин да коомдо өз ордун бар экенин танган жокмун. Ал тартиптүүлүк сезимин жана динсиз эч мүмкүн болбогон адамдарга өз ара сый-урмат сезимин берген. Бирок мен ансыз деле жашай алмакмын. Эки жумадан кийин Фейт мага жеме аралаш насаат окуганына таң калууга болот беле. — Менин ата-энем сени менен азыраак жолугушумду каалашат. — Азыраакпы, же таптакыр эле жолугушпа дешеби? — Джош, сен кантип эле кеп эмне жөнүндө болуп жатканын түшүнбөйсүң? — А кеп эмне жөнүндө болуп жатат? Сен мага жагасың, а мен — сага. Биз биргеликте бактылуубуз! Анан, мен анчалык жаман адам эмес экениме ишен. — Бирок сен машайакчы эмессиң да, Джош. — Болуптур, анда мен киммин? Мен буддист да эместирмин? — Бирок сен жыйынга барбайсың. Алсак, качан… мени көргүң келгенден башка убакта. Мен жылмайып эле койдум да, аны өбүш үчүн эңкейдим. — Мен бул жыйында дагы эмнемди унутуп калыптырмын? — деп тике айттым. Бирок баары бир кеч көңүлдүү болбой калды. Беш күндөн кийин болсо (бул күн жума күнү, 13-декабрь болчу) аскер капелланынын астанада чечкинсиз катып туруп калганын байкаганымда, мен өзүмдүн палатамда болчумун. «Эмне ал эшиктин алдында сороюп турат? — деп ойлоп койдум. — Эмне үчүн палатага кирбейт?» Бирок капеллан фуражкасын бырыштырып тура берди. Акыры үн катты: — Катардагы аскер Макдауэлл сизсизби? — Ооба. — А мен болсо капеллан Гардинермин. Мен катып калдым. Эмне кааласаңыз, ошону кыла бериңиз, бирок мен бул адамдын мен үчүн сыйынышына жол бербейм. Капеллан менден көзүн тартып алгычакты, мен аны суук көз карашым менен тиктеп тура бердим. Ушундай болгону жакшы. — Сиз үчүн менде жаман кабар бар деп корком, — деди акыры ал. Жаман кабарбы? Бул ыйык болумуш мага кандай жаман кабарды алып келиши мүмкүн? — Ал сиздин апаңызга байланыштуу, — деди капеллан. — Менин апама эмне болуптур? — Мен койкадан тура калдым. — Бүгүн эрте менен ал көз жумду. * * * Пенсильваниядан Мичиганга чейинки жол бүтүндөй түбөлүккө созулуп кеткендей сезилди. Жолдун көп бөлүгүн почта арабасы менен басып өттүм. Эри көлү тараптан суук шамал согуп жатты, үйгө дагы жүздөн ашуун мил калганда кар жаай баштады. Мен өзүмдү апам — мени сүйө турганына ушунчалык ишенгим келген, бирок бул нерсени балалык чагымда анчалык деле көрө албаган менин өмүрүмдөгү жападан-жалгыз адам жөнүндөгү эскерүүлөр менен жылыткым келди. Бирок менин ойлорум кайра-кайра эле мектепти бүтүрөөрдөн эки ай мурдагы сүйлөшүүгө кайтып келе берди: Мен сенин мектепти бүткөнүңдү көргүм келет… Андан кийин өлсөм да боло берет. Сенин атаң менин жүрөгүмдү жаралады. Мага үч нерседе сөз бер… Эгерде менин апам эмес, башка бирөө өлгөндө дарыгерлер мени жөнөткөнгө макул болмок эмес. Мен дагы деле башымдан алган жарааттан улам, толук эмес амнезиядан жабыр тартып жүргөн элем. Кээде түн ичинде ойгонуп алып, кайда жатканымды биле алчу эмесмин, же болбосо өзүмдүн ким экенимди таптакыр эстей алчу эмесмин. Мына ошентип, үйгө да жетип келдим. Эски эшикти колум менен түртүп, үйгө кирдим. Үйдүн ичи суук экен, өтө-өтө суук. Мештеги отту эч ким жакпаптыр. Бардыгы кайда кетип калышкан деп өзүмө-өзүм суроо берип, бүт бөлмөлөрдү кыдырып чыктым. Башымды апамдын уктоочу бөлмөсүнө сундум. Керебеттин жабуусу четке алынып салыптыр. Бул керебетте көптөн бери бирөө уктабагандай сезилип кетти. Жоопсуз жымжырттыкка багынып, көз чаптырып карадым да, коридордогу боштукка карап: — Апа? — деп чакырдым. Бирок мага эч ким жооп берген жок. Мен экинчи кабатка чыгып, бөлмөлөрдү карап чыктым. Бопбош. Ылдыйда эшиктин ачылганын уктум. Дем албай туруп калдым. Коридордун тактайдан жасалган полу кимдир-бирөөнүн баскан кадамынан улам кычырап жатты. Кимдир-бирөө — мен жада калса анын ким экенин да элестете алган жокмун — апамдын бөлмөсүнө кирип кетти. Мен секичеден акырын басып, биринчи кабатка түштүм. Атамдын апамдын керебетинин четине кантип отурганын көрдүм, эшик жакка артын салып отурган болчу. Жымжырттыкта терезеден шамалдын согуп жатканы жана суук жамгырдын айнектен ылдый агып жатканы угулуп турду. Анан ошол жерде атамдын шейшептин четин тартып, көз жашын аарчыганын көрдүм. Мен эч сөз айтпай, кайсы-бир убакытка чейин аны карап эле тура бердим, андан кийин кайрадан короого чыктым. Атам пикаптын ачкычын өз жайында калтырып коюптур. Мен унааны жүргүзүп, дарыгерден эмне болгонун сурап билиш үчүн шаарга жөнөдүм. Ал мага апам өлөөрүнүн алдында бир канча күн бою төшөктөн турбай жатканын айтып берди. «Ички кан агуу» — деп кошумчалады ал. — Ал өлөөрдөн мурун сиз анын бетин көрдүңүзбү? — деп сурадым. — Анын бетинби? — Сиз анын көз карашы кандай болгонун байкадыңызбы? Көздөрүнүн көрүнүшүчү? Ал мага түшүнбөгөндөй карап, сөз учугун эмнеге алып баргым келип жатканын таптакыр түшүнгөн жок. — Өлүмүнүн алдында анын көздөрү кандай болчу…анын көз карашы? — деп мажбурлай сүйлөдүм. — Айта албайм. Мен барганда, ал кайтыш болгон экен. — Түшүнүктүү… — Менин колумдан эч нерсе келген жок, уулум, — деп кошумчалады. Башымды ийкедим да, кетиш үчүн өйдө турдум. Дарыгерди башка пациенттер күтүп жаткан эле. Ал мага көңүл айтып, колумду кыса кармады. «Каалаганыңызды айтышыңыз мүмкүн, — деп ойлодум мен, атамдын пикапын көздөй тротуарда бара жатып. — Апамдын эмнеден улам өлгөнүн мен билемин». Унаага чыгып, кайсы-бир убакытка чейин рулдун алдында кыймылсыз отура бердим. Жаңы жааган кар унаанын алдыңкы айнегин толугу менен жаап калды. Мен кандайдыр бир таң калыштуу, фосфор пилланын ичинде калып кеткендей болдум. Тиштеримди кычыратып, рулга жабыштым да, күч менен аны ары-бери кыймылдата баштадым, ал мына-мына түшүп кете тургандай сезилди. — Апамдын эмнеден өлгөнүн билемин, — кыжырым кайнап чыкты. — Апам жараланган жүрөктөн өлдү. Эмне десеңер, дей бергиле… апам жараланган жүрөктөн өлдү. Мен алдыңкы айнек тосуп калган ак пардага тигилдим. Боздоп ыйлагым келди. Ошол түнү апамдын керебетинин алдында отуруп ыйлагандай, көз жашыма эркти берип койгум келди. Бирок жаш чыккан жок. Мен моторду иштеттим да, кайрадан фермага жөнөдүм. Аз эле адам болуп жерге койдук, кызматты да мүрзөнүн үстүндө эле өткөрдүк. Апам дайыма өзү каалап келгендей, акыры жаны жай алды. Ошентип, көп өтпөй эле, мен кайрадан жол улаалаш унаа менен Пенсильваниядагы флоттук госпиталга кайтып келдим. * * * Амнезия кармап калган кездер мени мезгил-мезгили менен тынчсыздандырып жатса деле, мен госпиталдан чыгарылдым жана акыры Дуврадагы аскер бөлүгүмө кайтып келдим. Бирок ал жердеги бардык нерсе мен үчүн маанисин жоготкон эле. Мен машина сыяктуу өз милдетимди аткарып жаттым, бирок эч нерсеге мурдагыдай кызыгууну сезген жокмун. Дагы үч жарым жыл кызмат өтөшүм керек болчу, бирок мен бул убакыттын баары менин жашоомдон жөн гана өчүп кетээрин түшүндүм. Менимче, менин сезимдерим бетимден эле көрүнүп турчу. Бир жолу аскердик ашканада кимдир-бирөөнүн мени атымдан чакырып жатканын уктум: — Салам, Джош! Бул болжол менен менден алты жаш улуу лейтенант Тим Рейтинджер болчу. Ал дагы биздин баскетбол командабызда чабуул жасоочу болуп ойночу. Мындайча айтканда, офицер катардагы аскер менен түшкү тамакты бирге отуруп иччү эмес, бирок Тим мындай нерсеге көңүл бурбайт болчу. — Командабызга сен жетишпей жатасың, — деди Тим. — Качан кайтайын деп жатасың? — Менимче, бул оюн сезонунда запастагылардын отургучунда эле болот окшойм,— деп жооп бердим. Тим түшүнүү менен желкесин куушуруп койду: — Сезон деле дээрлик бүтүп калды. Бир мүнөттүк унчукпай калуудан кийин Тим кошумчалады: — Мен сенин апаң тууралуу уктум. Көңүл айтуумду кабыл ал. — Мен башымды ийкедим. — Акыркы кездерде көп азап тарттың окшойт! Күтүүсүздөн тамагыма бир нерсе тыгылып калгандай болгонун сездим. Кайсы-бир убакытка чейин чын эле тилимди жутуп алгандай сүйлөй албай калдым. Тим мага тигиле карап турду да, андан кийин далымдан сылап: — Билесиңби, Джош, чоң энем мага мындай деди: биз кээде бизге эмне болуп жатканын, жада калса кандайдыр-бир жаман нерсе болуп кеткенин түшүнө албасак деле, жашоодо баары өз кезеги менен болот. Сен, башкысы, жан дүйнөңдөгү тынчтыкты сакта деди ал мага — анткени жашоодо көптөгөн сонун нерселер бар. — Ооба, туура. Бул жыл бүтөт, анан кийинки жыл да келет, — деп айттым үмүт менен. — Кийинки жылбы? — деп кайра сурады Тим. — Баскетбол командасы үчүн. — А, эмне жөнүндө айтканыңды эми түшүндүм, — деп жылмайды Тим. — Билесиңби, кийинки жыл тууралуу жакшы үмүттөрүм бар. Биз баары бир чемпион болобуз деп ойлоп жатам! Үч жумадан кийин, апрель айынын жекшемби күнүндө, эрте менен Тим С — 133А менен Дуврадагы авиабазадан пландык окуу тапшырмасы үчүн абага көтөрүлдү. Он жети мүнөт өткөндөн кийин учак авиабазанын түштүгүрөөгүндөгү токой коругуна кулап түштү. Тим менен кошо команданын үч мүчөсү да каза болду, кылдат изилдөөлөргө карабастан, кырсыктын себебин аныктай алышкан жок. Бул кабар мени абдан таң калтырды. «Эмне үчүн бир адам жашайт, а башкасы болсо өлөт? — деп өзүмдөн-өзүм сураганымды койгон жокмун. — Эмне үчүн жакшы адам өлөт, а жаман адамга болсо эч нерсе болбойт?» Мен жоопту таба алган жокмун, бирок бардык убакытта Тим өз каалоосу менен ошол учактан орун алган болсо керек деген ойлорду ойлой бердим. Анда эмне максат менен жашай турган негизи бар болчу. Балким, чын эле жашоодо баары өз кезеги менен болот чыгар — болгону бул нерсе бизге оңой эмес. Менимче, жакшы сөз менен айтканда, жашоо — бул каардуу тамаша. Үмүт үзүлүүнүн бул булуттары дагы бир канча күн бою менин төбөмдө калкып жүрдү. Бирок чүнчүп кетүүгө алдырып коюу менин мүнөзүм эмес болчу. Балким, жашоо чын эле маанисиз нерседир, бирок бул нерсе менин эгерде мүмкүн болсо баарын акыркы тамчысына чейин сыгып алышыма тоскоол боло албайт. Ошондон бир канча күн өткөндөн кийин мага менин взвод командирим сержант Уильямстын (же болбосо биз аны жөн гана «сержант» деп атап койчубуз) жүрөгү кармап калганы угулду. * * * — Мени бир гана сен көргөнү келдиң, Макдауэлл, — деп кырылдады ал өз керебетинде. — Мен эле эмес, — биздин балдар дагы сиз үчүн абдан тынчсызданып жатышат, сержант. — Болбогон сөз, сенин оюңча, мен кечээ эле төрөлдүмбү? — Андан кийин бир аз жумшара түшүп, кошумчалады: — Келгениң үчүн рахмат. Дагы бир нерсени айтат го деп күтүп, башымды ийкедим. Ал өзүнүн көкүрөгүн акырын ургулап, терезени карай: — Ооба, моторчо чабалактап жатат. Тынч жашай турган мезгил деле келди. Мен армияда отуз үч жылдан бери иштеп жатам. Ага өз өмүрүмдүн эң сонун жылдарын бердим. Бирок бир күн убакыт келет… — Анын үнү үзүлө түштү. Бир азга унчукпай калып, андан кийин улантты: — Убакыт келет… — Мынчалык тынчсызданбаңыз. Андан көрө айтыңызчы, сизге эмне алып келейин? — Бирок мен бир катачылык кетирдим, — деди Сержант менин айткан сөздөрүмдү кулагынын сыртынан кетирип, — сен дагы ошону кайталашыңды каалабайм, балакай. Үй-бүлө күтүү мүмкүнчүлүгүңдү колдон чыгарба. Мен өкүнгөн жападан-жалгыз нерсе ушул. Кандайдыр-бир жашыруун резервдеги күчүн сузуп алып жаткансып, Сержант чыканагына таянып турду, анын бети бир аз кызара түштү. — Макдауэлл, — деди ал, — эгерде мен жаңылышпасам, сен өзүң деле менин ордума турганга каршы болбосоң керек? — Сиз эмне тууралуу айтып жатасыз, мырзам? — Сен мени туура эмес түшүндүң. Мен бул койка тууралуу айтып жаткан жокмун. — Сержант кол менен жаңсап, палатаны көрсөтүп, колун силкип койду. — Мен бул жерден, армиядан «из суутуп» кетүү жөнүндө айтып жатам. — Мага үч жарым жыл калды, сержант. Сиз муну билесиз. — Сен бул тууралуу кудум түрмөнүн мөөнөтү жөнүндө айтып жаткандай айтып жатасың, уулум. — Жок, мырзам. Болгону ушундай. Сержант акырын башын ийкеп койду: — Эгерде сен бул жерден азыр суурулуп чыгып кете ала турган болгонуңда, эмне менен алектенмексиң? Өзүм үчүн да күтүүсүздөн күлүп жибердим: — Мен дайыма колледжде окугум келчү. Жок дегенде ал жерге тапшырып көрмөкмүн. Ошондой болсо да, мен бул жөнүндө ойлобой эле койгонго аракет кылам. Өзүмдүн юрист болом деген амбициям тууралуу унчукпай коюуну чечтим. Сержанттын мени келеке кылышын таптакыр каалаган жокмун. — Билесиңби, бизге Пентагондон жаңы буйрук келди. Кагаз иши менен алек болгон аскер персоналынын санын кыскартуу жөнүндөгү буйрук. — Кагаз иши мененби? Бирок мунун мага кандай тиешеси бар? Мен техникалык жумуш менен алектенет эмесминби. Сержант Уильямс мага көзүн кысып койду: — А сен буга чейин сага кызматтагы жеңилдикти ким бергенин унутуп койдуңбу? Баскетболуңду ойной алышың үчүн сени наряддардан ким бошотту эле? — Сиз, мырзам. — Мына ушундай, — ыраазы боло башын ийкеди Сержант. Андан кийин ал көзүн жумуп, мени кете бер дегенсип, колун булгады. Эмне болсо, ошо болсун деп чечтим мен өзүмчө. А бир жумадан кийин болсо, мени азык-түлүк складындагы канцелярдык жумушка которушту, ал жердеги менин жападан-жалгыз ишим бош турган жазуу машинасын карап туруу болчу. Ал тургай, аны менен бирдемелерди басып чыгарышым үчүн мага кагаз деле беришкен жок. Ушул тапта деле госпиталда жаткан Сержанттан кабар ала турган мезгил келип жетти деп ойлодум. — Эмне, оюңдан кайтып кеткен жоксуңбу? — деп сурады ал менден. — Мен үчүн кылган бардык жардамыңыз үчүн рахмат, мырзам. Бирок мен бүт күн бою столдо кол куушуруп отура албайм да. Бекерчиликтен жинди болуп кетпешим үчүн мага кандайдыр-бир жумуш болсо да бериңиз! — Ме, окуп чык, — деп жооп берди ал, анын керебетинин жанында турган тумбочкадагы баштыкты мага берип жатып. Анын ичинде документтер бар экен: ден соолугума байланыштуу мен АКШнын Согуштук аба күчтөрүнөн четтетилиптирмин. — Бирок сен ашыкча нерсени ойлобо, Макдауэлл, — деп кыртышы сүйбөй кошумчалап койду. — Мен патриотмун. Бирок бул өлкөдө ар бир эле адамга армияда кызмат кылуу буюрган эмес. Кимдир-бирөө сени менен сыймыктана алышы үчүн, өз жашооңдун жолун тап. — Болуптур, мырзам. — Ошондой эле сага айткандарым эсиңде болсун. Үй-бүлө куруу мүмкүнчүлүгүңдү колдон чыгарба, уктуңбу? Көзүңдү ач, менин көңүлүмдү калтырба, Макдауэлл. — Колумдан келгендин баарын кылам, мырзам. Биз дагы бир канча убакыт маектешип отурдук, андан кийин мен коштошуш үчүн ордумдан турдум. — Сенден көзүмдү албайм, — деди Сержант, мага честь берип жатып. Мен да жооп иретинде ага честь бердим. Эшиктин алдында токтоп, акыркы жолу аны менен коштошуп алыш үчүн артымды карадым. Сержант көз жашын аарчып, дароо тескери бурулуп алды. — Аллергия кыйнап жиберди. — Анын үнүн жаздык басып салды. — Медайымды чакырып коем, сержант. — Кете бер, Макдауэлл. Бир жумадан кийин мен батышка жол тарттым. ЖЕТИНЧИ БӨЛҮМ. ЖАҢЫ ГОРИЗОНТТОР Азырынча кайрадан ээ болгон эркиндигим менен кайда бараарымды жана эмне кылаарымды дурустап билген деле жокмун. Бирок кандай болгон күндө да мен качып баргым келген жер — Мичигандагы ферма болчу. Жыйынтыгында мен Чикагого, менин эжем Шерлиден алыс эмес жерге, отурукташтым. Бүткүл өлкөгө эт менен азык-түлүк продуктуларын ташыган трейлер-рефрижераторлорго (муздаткыч-фуралар — Котор. эскер.) кызмат көрсөтө турган ремонттоочу устаканадан өзүмө жумуш таптым. Менин жумушумда бир канча негизги учурлар бар болчу, алардын баарын жумуш жеримдеги биринчи күнү эле көрсөтүп беришкен. Феликс аттуу бир жигит мага «кайыш боолорго» кантип мамиле кылуу керектигин үйрөтүп берди. Ал өзүнүн унаасын жакында эле кызматка таштап кеткен фуранын жанына айдап келип, бензобактагы күйүүчү майды өзүнүн унаасына сарыктырып куюп ала баштады. Мен кыжырым келип, айлананы карап койдум. — Тынчсызданба, — деп күлүмсүрөп койду Феликс, — айдоочусу беш-алты саат ичинде келбейт. — Мен фуранын айдоочусу жөнүндө эмес, босс жөнүндө ойлоп жатам. — Босс жөнүндөбү? — күлүмсүрөдү Феликс. — А сениңче, кайыш боолор менен болгон куулукка мени ким үйрөттү? Ошентип, Феликс өзүнүн «насаатчылыгын» улантты. Аны менен кошо Джерри аттуу дагы бир жигит муздатуучу түзүлүштү бурап чыгарышып, аны лебедкага чиркештиришип, көтөрүштү да, андан кийин рефрижератордон чыгарып алышты. Бош калган тешиктен Джерри фуранын ичине кирди да, олжосун Феликс экөөбүзгө бере баштады. Чочконун сүрсүтүлгөн сан эти, үндүктүн консервасы, бышкан эт салынган кутулар… чыныгы Клондайк. Андан кийин муздатуучу түзүлүш техникалык кароодон өттү, мурдагы ордуна келтирилди, болттору катырылды — баары эң сонун көрүнүштө. Жумуш аткарылды. Эч нерседен шектенбеген айдоочу өзүнүн трейлерине кайтып келгенде, Феликс менен Джерри жетишкен актерлорго окшоп, анын алдында такелаждан секирүүдөн баштап, унаанын майына капкара болуп калган алакандарын аарчыганына чейинки оор жумуш жүрүп жаткан сценаны ойноп беришти, аны Оскар сыйлыгына татыктуу деп койсо болор эле. Айдоочу менен биргеликте алар рефрижераторду айланып чыгышып, өйдөдөн ылдыйга чейин карап чыгышты, бетинде камкор эмгекчилди, Американын жакшылыгына жана гүлдөп өнүгүүсүнө өз салымын кошуп жаткан түрлөрүн көрсөтүштү. Алданган айдоочу рефрижератордун эшиктериндеги кулпу менен пломбаларды карап чыкты, нарядга кол коюп, эч нерсе болбогондой жолун улантты, — эрежедегидей, жыйырма же элүү килограммга жеңилдей түшкөн абалда кетти. «Джош, бери кел! — деп чакырчу адатта Феликс мени. — Аны менен кайырлашып, кол булгалап кой жана сапарыңыз байсалдуу болсун деген тилегиңди айтып кой». «Ошондой эле жылмаюуну, жылмаюуну унутпа!» — деп кошумчалады Джерри. Ошентип, биз жан бирге үч дос сыяктуу, айдоочуга кол булгалап койдук. Алдабай эле коеюн — мен бул жумушка жайбаракат мамиледе болчумун. Бирок убакыт өткөн сайын абийирим мени кыйнай баштады. Менин оюмда дайыма апама берген убадам кайталанып туруп алды: «Мен сыймыктана ала турган уул болгун». Кээде түн ичинде керебетимде жатып алып, апам азыр кайда экенин элестеткенге аракет кылчумун. Ооба, мен Кудайга абдан ачуулуу болчумун (эгерде Ал бар болсо), бирок апама жакшы болсун үчүн, баары бир кандайдыр-бир мүрзөнүн артындагы жашоо бар экенине ишенгим келчү, ал өз кезегинде апам кандайдыр-бир келбетте же сырткы көрүнүштө жашоосун уланткан закым сыяктуу өлкө болсо керек. Бирок менин суроолорума эч ким жооп берчү эмес, анан мен уктап кетчүмүн. Бактыга жараша, устаканада бүт күн бою тынымсыз иштегендиктен, менде уйкусуздук проблемасы жок болчу. * * * Бирок акыры келип, устакана менен эсептештим да, кайрадан Мичиганга кайтып келдим. Мен ушул күздө баары бир Бэттл-Криктеги Келлога муниципиалдык колледжине тапшырып көрөм деп чечтим. Бирок менде акчаны үнөмдөш үчүн кирүү экзамендерине электричка менен каттап отурбай, үйдө эле даярданам деген ой бар болчу, бирок атам буга каршы чыкты: «Сен жарыкты өтө көп колдоносуң, анан мен өмүр бою электрдин акчасын төлөй албай өтөм». Сага жарыкты көрсөтүп коем? Бар, жоголчу… Ачууланган бойдон кетип калдым. Биз төрт досубуз менен кампустан жөө жүрсө беш мүнөттө жете турган жердеги чоң үйдөн бир бөлмөнү ижарага алдык. Менин кесиптигим бизнес болчу, бирок узак мөөнөттүү перспективада юриспруденцияга өтүүгө чыгынып жаткан болчумун, ал менин келечектеги саясий карьерамда мен үчүн тапталган жол берип боло алат болчу. Алгач мени Мичиган штатынын губернатору кылып тандап алышат, андан кийин сенатор катары. Мындай перспектива мага дапдаана көрүнүп жатты. Анан да кол жетерлик нерсе катары. Менин англис тили мугалимим жана биринчи курстагы кураторум Во айым мени чындыкка кайтарды: — Джош, сенин максатка умтулуучулугуңа көз артыш гана керек. Мында сен биздин көптөгөн студенттерибизди алдыга сүрөп жатасың. Сени кең келечек күтүп жатканына шегим жок. Мен анын столунун аркы четинен жооп иретинде жылмайып койдум. — Сиз уктуңузбу же жокпу билбейм, бирок мен биринчи курстардын президенттигине өз кандидатурамды берип койдум. — Чын элеби? Сени болот деп үмүт кылам. Мен ишенимдүүлүк менен башымды ийкедим: — Мындан башкача болушу мүмкүн да эмес. Во айым жылмайды: — Бирок менде кээ бир эскертүүлөр да бар, Джош, — деди ал. Ал отургучуна тик отурду. — Сенин англис тилиң эч жерге өтпөйт. Сыягы, сенин мектептеги мугалимдериң сенин билимиңдин бул четине олуттуу көңүл бурушкан эмес окшойт. Мен баарын түшүнүп турсам да: фермерде же жумушчуда англис тили китеби — столдун үстүндө табыла турган китеп эмес. — Бирок менин англис тилинен алган бааларым жакшы болчу, — деп аракеттендим мен, болушунча актанып. Во айым бир жери ооруп кеткенсип көзүн жумуп койду: — Джош, сен дайыма грамматикадан жакшы эмессиң. Сенин сүйлөө речиң да анчалык эмес. Бул сенин дикция проблемаңа байланыштуу деп божомолдой алам. Мен бул сөздөрдөн улам отурган жеримде бүкчүйө түштүм. — Бирок эгерде сен өзүңдүн үстүңдөн элге көрүнүш үчүн эмес, чын эле иштегенге даяр болсоң, анда мен сага жардам бере алам. Мен өзүмдүн үстүмдөн иштегенге даяр болчумун. Анан да анын эмнеси түшүнүксүз — эгерде көтөрүлгүң келсе (бардык эле кесипте), анда грамматикаң кемчиликсиз болушу керек. — Сиз менин насаатчым болосузбу? — деп сурадым мен. — Менин ушундай каалоом бар, — деп жооп берди ал. — Анда менде да ушундай каалоо бар. Мен бүт күчүмдү окууга жумшадым, анан менин бааларым жакшы боло баштады. Андан сырткары, толук эмес жумушчу күнү менен Алекзандера дарыканасына жумушка орноштум, ошондой эле кичине курстардын президенттик курсуна болгон шайлоонун алдындагы кармашка бел байладым. Ар бир жуманын дем алыш күндөрүндө кечелерге бардым, татынакай досту таап алдым жана пайдаланылган кабриолет сатып алдым. Алты ай өтпөй жатып эле, өзүмдүн отуз жашка чыккандагы жетишкендиктер планымдын пункттарынын тушуна «белги» кое баштадым. Бир сөз менен айтканда, бардыгы мен ойлогондон да жакшыраак болуп жатты. * * * Карама-каршы келе жаткан унаа кокусунан мен тарапка чыга кетип, мени жолдун четине тездик менен чыгып кетишиме мажбур кылган ошол күнү мен Колдуотер шаарына бара жаткан болчумун. Мен унаанын номерин жазып алып, полицияга телефон чалдым. Болжол менен бир жума өткөндөн кийин, менин дарыканама жыйырмадан ашып калган жигит келди. Мен турган жерге келип, жигит билдирди: — Джош Макдауэлл деген сенсиңби? Анын жүзү мага бейтааныш болчу. Мен сылык учураштым: — Баары туура, бул менмин. Бирок ал мага муздак жылмаюусу менен жооп берди: — Бир суроо. — Бер. — Жакында жолдо карама-каршы келе жаткан унаа сага сайылып кала жаздады. Ушундай болду беле? — Ооба, болжол менен бир жума мурда. А эмне болуптур? — Эмне болуптур дейсиңби, ошол унаанын ролунда мен болчумун, түшүнүктүүбү? — Ал мени баштан-аяк карап, коркутканга аракет кылганы көрүнүп турду. Бирок мен дагы көзүмдү ала качып кетким келген жок. — Полициялар мени камап коюшту, келесоо! — Туура кылышыптыр, — деп жооп бердим. — Эми болсо түрмөдөн качып чыгууну чечтиңби? — Шашпа, мен сени менен али сүйлөшөмүн, — кышылдап шыбырады да, дарыканадан аткан октой учуп чыгып кетти. Бирок анын коркутуп-үркүтүүлөрү мага таасир эткен жок. Мени кандайдыр-бир нерсе коркутса коркута берсин. Мен анын келип-кеткенин ошол замат эле унутуп койдум. Ошол ишембиде мен досум менен Бэттл-Криктин четиндеги Лейквьюда болчумун, анан автоунаачылардын ресторанына кирмекчи болдук. Күтүүсүз жерден бизге бир автоунаа жетип келип, биздин эшигибиздин жанына такап токтоду, анын айдоочусу болсо, менин жанымда отурган досумду оозуна келген сөздөр менен сөгө баштады. Айланамды карап, мени шосседе уруп кете жаздап, андан кийин дарыканама келип коркутуп кеткен ошол маскарапоз экенин тааныдым. — Оозуңду жап! — деп корс эттим. Сыягы ал ушуну эле күтүп жаткан окшойт. Унаасынан түшүп, мага келди да, муштамакчы болуп кезенди. Көзүм жарк этип, караңгылай түштү. Жооп иретинде мен да бүт күчүм менен бетине бир муштадым, анан анын оозу-мурдунан агып жаткан канды ыракаттана карап турдум. Ал өзүнүн унаасына жашырынып, терезесин жапканга шашылды, акыркы сөздөрү менен мени сөгүп, черин жазып алды. Анын акесин таанытып коеюн деп, анын унаасына жабыштым. Бирок ал газды басып, мени сүзүп кетиш үчүн, дароо артка айдап жиберди. Мен жакын жердеги темир мамыга секирип жибердим, ал менин өмүрүмдү сактап калды. Менин каршылашым бүт ылдамдыгы менен барып, ошол мамыга сайылып калды, аны жерге киргизип жибере жаздады. Мен айдоочу тараптагы эшикке секирип, терезени сындырдым да, анын бетине бир муштадым. Андан кийин эшикти ачып, мойнунан кармап, дарбазадан торпокту сүйрөп чыгып жаткансып (же болбосо өзүмдүн мас атамды, ырасында ушуга барган болсо), аны унаадан сүйрөп чыга баштадым. Бир сөз менен айтканда, автостоянка пандемонияга айланды[4]. Официант кыз полицияга чалды, а менин дос кызым болсо, кыйкырыктан какап-чакап, аны кое беришимди айтып жалбарып жатты. Бирок анын үнү мени жаап калган нерседен араң угулуп жатты. Анын кыйкырыгына алагды болуп, кармаган колумду бир аз бошоттум, бирок эгерде полиция аралашпаганда баштаган ишимди акырына чыгам деген чечимде турган элем. Жыйынтыгында болсо ошол жигит мени айыптады, биринчи болуп мушташты мен баштагансып! Полицейлердин бири мени четке чыгарып, мындай деди: — Дароо үйүңө кетип кал. Иш сен ойлогондон да олуттуураак. Көрсө, менин каршылашым ошол аймакта аз эмес таасири бар соттун уулу экен. Бирок, менин бактыма жараша, бир официант кыз баары кантип башталганынын күбөсү болуп калды жана анын баары тууралуу полицияга айтып берди, ал болсо өз кезегинде сотко жеткирди. Эки күн өткөндөн кийин мени тезирээк үйүңө кетип кал деген полиция адамы телефон чалды: — Эгерде сен кечирим сурасаң, алар сага айып коюшпайт. — Баарын ал өзү баштабадыбы, — деп каршы чыктым мен. — А сен болсо, аны өлтүрүп кое жаздадың. Сыягы, сен кандай жаман ишке кабылып калганыңды түшүнбөй жатат окшойсуң. Бул жигиттин атасы — биздин шаардагы чоң «шишка», ошондуктан өзүң чеч. Мен кечирим сурагым келген жок, бирок мунун айынан өз келечегимди бузуп алгым да келген жок. Ошондуктан, мен адатта болуп келгендей, болуп өткөн нерсеге өкүнө турганымды билдирдим, анан ишти жаап салышты. Полиция адамы баарын документте мен жөнүндө бир да сөз айтылбагандай кылды. Бирок ачуу менен кайгы мени мурдагыдай эле кыйнап жатты. Кээде мен өзүмдөн бул сезим кийинки жолу кайсы жерде жана кимге карата чыгып кетет деп сурап койчумун. Ошентип, көпкө күткөн жокмун. * * * Биринчи курстун президенттигине кандидат катары менин стратегиямдын тапшырмаларынын бири мүмкүн болушунча көп сандаган студенттер жана мугалимдер менен таанышуу болчу. Биздин кампуста ар түрдүү коомдук топтор жана уюмдар бар болчу, анан мен алардын ар бири эмне менен жашай турганын билүүнү өзүмө максат кылып алдым. Ал тургай акылымда «ким кандай» деген тизмени түзүп алдым, анда ким менин алга жылышыма кандайча таасир эте аларын белгилеп койдум. Кандай болбосун, бул чыныгы жумуштун алдындагы жакшы машыгуу деп койдум өзүмө. Бир жолу, биз досторубуз менен студенттик кафетерияда кофе ичип отурганыбызда, ал жерге адаттагыдай шайыр жана ээн-эркин жүргөн машайакчылардын «кликасы» (жаман ой менен бириккен адамдардын тобу — Котор.эскер) кирип келди, мен аларды ушундай атап койчумун. Менин билишимче, алар кампустагы бир да официалдуу топко кошулушчу эмес, бирок алар кандай көз караштарды карманышаарын баары билишчү. Менимче, алар жети студент менен эки окутуучудан турчу жана дайыма бирге жүрүшчү. Мен аларды машайакчылар деп атап жатканда, алар өздөрүнүн көз карашын ачык билдиришкенин айткым келип жатат. Менин талдашымча, менин түшүнгөнүм боюнча, биздин студенттердин дээрлик бардыгы өздөрүн машайакчымын деп эсептешчү. Бирок бул топ өзгөчө болчу. Алар өздөрүн ишеним алардын жашоосунда өзгөчө орунду ээлегендей алып жүрүшчү. Аларды көргөндө мен ар бир жолу шектенген күлүмсүрөөдөн өзүмдү тыя алчу эмесмин. «Анткорлор, — деп ойлодум, алар күлүп жана өзүнүн компаниясында сүйлөшүп отурушканда. — Бетиңерде жасалма шайырдык… бирок ичиңерде эмне жашырынып жатат болду экен?» Мен алардын сырткы көрүнүшүнөн баштадым, анан бардык убакта аларга каршы чыгуунун шылтоосун издеп жаттым. Анын үстүнө алардын тобунун саны өтө аз болгондуктан, алардын мага болгон мамилеси менин шайлоодогу мүмкүнчүлүгүмө таасир эте алаарынан тынчсызданган жокмун. Алардын менин жанымдагы столго отурганын көргөнүмдө, отурган отургучумдан секирип түшө жаздадым. Менин досторумдун бири ошол мезгилде уят анекдотту айтып жаткан эле, бирок машайакчылар жаныбыздан орун алганда тынчып калды. Эмне үчүн эң кызыктуу жерине келгенде токтоп калганын сураганымда, бизге коңшу отурган «ыйыктар» тарапты оңтойсуздана көрсөтүп койду. — Корко турган адамдар табылды! — деп какшыктадым. — Алар сүйлөшүү эмне жөнүндө болуп жатканын деле түшүнүшпөйт. Көзүмдүн кыры менен карап, алардын компаниясындагы Тони деген жакшынакай кыздын менин ремаркама (китептин четине жазылган эскертүүлөр, белгилер — Котор. эскер) көзү түшүп калганын байкадым. Анан мен машайакчыларга кирише турган мезгил келип жетти деп ойлодум: — Мен машайакчылар картанын толук эмес комплектин ойношо турганын айткым келип жатат, ошондойбу? Кызык, алар колледжге жалпы негиз менен кабыл алынышканбы же экзаменсиз эле кирип алышкан бекен? Мага жооп досторумдун күлкүсү болду, анан мен жалпынын көңүлүн өзүмө буруп алганымды түшүндүм. Өзүм сүйгөн макалдатып айткан сөздөрүмдүн бири менен улантууну чечтим, мени бардыгы уга ала тургандай жетишерлик катуу үн менен сүйлөдүм: Бир адам токойдо бара жатыптыр, бара бериптир, бара бериптир, анан насаатчынын алдынан чыгыптыр. Ал болсо ошол убакта элдерди дарыяда сууга чөмүлдүрүп жаткан экен. Бул адамдан спирттик ичимдиктин жыты чыгып жатканын сезген насаатчы, аны колунан кармап, минтип сураптыр: «Бир тууганым, сен Ыйсаны тапканга даярсыңбы?». А мас адам болсо жооп иретинде: «Эмнени айтып жатасың! Азыр тапсам да боло берет!» — дептир. Ошондо насаатчы аны дарыяга алып түшүп, мойнунан кармап, сууга салат. Бир канча секунддан кийин сууруп чыгат да, сурайт: «Кана айтчы, сен Ыйсаны таптыңбы?» Мас адам башын калчылдатып — жок, таппадым дейт. Ошондо насаатчы аны кайрадан сууга тыгат, эми бул жолкусунда аны суунун астында көбүрөөк кармайт… Мен ордумдан турдум да, сүйлөп жатканча машайакчылардын столуна келдим. Тонинин жанында бош орун бар болчу, анын жанына отуруп алдым: Ошентип, насаатчы аны суудан чыгарып, сураптыр: «Эмне, Ыйсаны таптакыр таба албай жатасыңбы?» Мас адам болбой эле башын чайкайт. Ошондо насаатчынын чыдамы түгөнүп: байкушту тутуп алып, сууга тыгат да, мунусунда отуз секундча, дьякондордун бири: «Болду, болду — ал… таптакыр оозу-мурдуна суу кирип кетпесин» дегичекти суунун астында кармап тура берет. Бирок ал ошол жерде эмес болчу. Насаатчы болбой эле анын мойнун кармап тура берет… Мен насаатчынын көздөрүн ыйык каардуулук менен акшырайтып жатканын көрсөтүп бергенге аракет кылдым. Ошентип акыры, мас кишини суудан чыгарып, анын кулагына кыйкырат: «Бир тууганым, сен Ыйсаны таптыңбы?» Ал болсо оозунан суусун агызып, насаатчыга тигиле карап: «А силер анын так ушул жерге түшүп кеткенине ишенесиңерби?» — деп жооп берет. Кошуна столдогу эл колдогон күлкүлөрүн жаңыртты, анан мен өзүм да өзүмө ыраазы боло күлүмсүрөп койдум. Ал тургай Тонинин столундагы кээ бири да жылмайып койду. Бирок ал эмес. — Сизге менин аңгемем жакпай калдыбы? — деп сурадым мен андан. Бирок Тони мени байкап да койгон жок. — Ойлонуп көрүш керек, сиз кызыктуураак окуяларды укканга көнгөн болсоңуз керек, — тынчып калган жокмун, — же болбосо күлкүлүүрөөгүн… Жунус жана чоң балык сыяктуусунбу? Колдоо издеп, өзүмдүн досторума карадым: — Бирок эң жаман жери мында, балдар: ар бир жолу кайталап айтканда, бул балык эмне-үчүндүр чоңое берет, чоңое берет! Мен көзүмдү Тониге бурдум, бирок ал менин сайынып сүйлөгөнүм менен иши жок адам сыяктуу отурду. — А, балким, сизге Нух жана анын кемеси тууралуусу жагат чыгар? Бул окуяны билесизби? Ошол жерде сөзгө чоң эркектин үнү аралашты. Бул биздин тарыхтан берген мугалимибиз болчу: — Биздин столго отуруп, туура кылдыңыз, Макдауэлл мырза. — Дайыма макулмун, — какшыктай сүйлөдүм мен. Андан кийин алардын бүт компаниясын карап чыктым. Бул адамдардын жүзүндө симпатия көрүнүп турду, же болбосо аз эле дегенде кызыгуу бар болчу, анан мен кайрадан ачууланып кеттим, эмне себептен экенин өзүм деле билбейм. — Бирок силер, машайакчылар, мага айта аласыңарбы? — А сиз эмнени билгиңиз келет? — деп сурады өз кезегинде окутуучу. — Эмне үчүн силер башка дүйнөдө жашап жаткандай жашайсыңар? — Бул сизге ушундай сезилет. Биз сизден эч нерсебиз менен айырмаланбайбыз. Анан да башка дүйнөдө эмес, ушул эле дүйнөдө жашайбыз. Сиз жашап жаткан эле дүйнөдө. — А бирок өзүңөрдү силердин мекениңер бул жерде эмес, кандайдыр-бир башка жайда болгондой тутасыңар. — Эмне дейин, жакшы сөзүңүз үчүн рахмат, — деди окутуучу, башкалары болсо колдоо иретинде башын ийкеп коюшту. — Бирок муну комплимент деп ойлобоңуз, — андан бетер кыжырданып, кайрадан аларды карап чыктым. — Мен бул нерсени айткым келет: силер бардык убакта жылмайып жүрөсүңөр, ынтымактуулугуңарды көрсөтөсүңөр, бирок көрүнүшүңөрдөн өзүңөрдү башкалардан жакшыбыз деп эсептейсиңер. Ошондо акыры Тони сөзгө аралашты. — Бул туура эмес. — Туура эмеспи? — чакырык менен кайрадан сурадым. — Ооба, туура эмес. Чындыгында, биздин жашообуз өзгөрүлдү, бирок бул биздин өзүбүздү башкалардан жакшы деп эсептегенибизди билдирбейт. — Ошентип, дин силердин өзгөрүшүңөргө жардам бердиби? А сизге эмне жетишпейт болчу — мисал үчүн сизге? — кайрадан ойноктоп сурадым, Тонини карап. — Сенин ансыз деле бардык нерсең жетиштүү. Анын көздөрүнөн нааразылык көрүнө түштү. — Ыйык Китепте: эгерде адам Ыйсада болсо, анда ал[5] — жаңы макулук деп айтылган. Эми кыжырдануу менен жооп берүү кезеги мага келди. — Болдучу! — деп кыйкырып жибердим. — Сен кимдин кулагына өрдөктөрдү учуруп жатасың? Мындан кийинки көз ирмем ичиндеги жымжырттыкта кокусунан менин бардык досторумдун столдон акырын кете башташканын байкап калдым. Бирок мен дагы деле чеченсингенимди уланта бердим: — Ыйык Китеп, жыйын — мунун баары дин. Мен жашоодо чыдай албай турган жападан-жалгыз нерсе — дин! Тони дароо бурулуп, менин көзүмө тик карады да: — Дин жөнүндө сөз да болгон жок, мырза. Мен Машайак деп айттым, Ыйса Машайак. А Ыйса болсо, чындыгында эле, адамдын жашоосун өзгөртөт. Кем акыл, өзүн сүйгөн жаштардын, жада калса … жада калса... — Мен сыяктуу? — күлүмсүрөп койдум. Сыягы, мен баары бир анын көңүл буруусуна ээ болдум окшойт. — Ыйса… Машайак… — деп Тонинин кыжырына тийип, созолонтуп сүйлөдүм. — Мага убакыт бергиле, анан мен силерге өзүңөр эмнени айтып жатканыңарды да билбей жатканыңарды далилдеп берем. Эгерде ал жашаган болсо деле — ал нерсе таптакыр далилденген эмес — кантип, эки миң жыл мурда жашаган адам бүгүнкү күндөгү кимдир-бирөөнүн жашоосун өзгөртө алат? Кашымды көтөрүп, Тониге тигилип калдым жана өзүмчө кичи пейилденип күлүмсүрөп койдум. — Эмне дейли, — деп жооп берди Тони жылмайганча. — Менимче, дал ушул нерсе сиздин түшүндүрүп беришиңизге тоскоол болбойт. — Түшүндүрүүгөбү? Бул жерде түшүндүрө турган эмне бар экен? Мифология деген илим эмес да, кызыке. Ошол жерде сөзгө Оливер аралашты, ал алардын компаниясындагы бир студент болчу. — Менде бир сунуш бар. Мен көзүмдү ага бурдум. Ал узун бойлуу эмес, жоон көз айнек тагынган, самандын саптарына окшогон типтик чачтары бар жигит болчу. «Кана айтчы, куурчак киши», — деп ойлодум. — Тирилүүнү жокко чыгарып көрчү, — деп сөзүн улантты Оливер, — ошондо сен машайакчылыктын негиздеринин өзүн жок кылган болосуң. — Так ошондой. Ыйса өлүп, денеде тирилбегенин далилдеп бер, ошондо бүт машайакчылыкты кыйраганга мажбур кылган пайдубалдагы жараканы байкайсың. Бул болгону эле сунуш, андан артык нерсе эмес. Башкача айтканда, машайакчылыктын бардык негиздеринин канчалык кадырын кетиргенге аракет кылган сайын, сен кыска жол менен бара аласың жана ишенимдин бурчка коюлган ташын жокко чыгарасың. Ошону менен, башкаларды айтпай эле койгондо, өзүң үчүн толгон-токой убакытыңды жана күчүңдү үнөмдөп калган болосуң. — Оюң анчалык деле жаман эмес, — деп башымды ийкеп, ага сөөмөйүмдү көрсөтүп койдум. — Мен тамашалабай эле айтып жатам, — деди Оливер. — Бул иштин жүрүшү сенин көзүңдү көп нерсеге ачып коет деп ойлойм. — Кимдин көзү ачылаары али белгисиз, силердинби же менинби, — деп каршы чыктым. Колумду столго такап, бардык «ыйыктарды» кыдырата карап чыктым. Бирок алар унчукпастан жылмайып отура беришти. Буга чыдаганга мүмкүн эмес болчу. — Биз сиз менен дагы жолугушаарыбызга ишенем, — деп тарых мугалими мени достукча кайраттандырып койду, биринчи болуп мени менен сүйлөшкөн да ошол болчу. Мен ага, андан кийин башкаларга карадым, кокусунан өзүмдүн бир аз мурдагы агрессиям үчүн оңтойсуздана түштүм. Ооба, мен бул курулай айтышка тереңдеп кирип кетпешим керек, антпесе алар мени кыңк эттирбей жеңип коюшат. — Менин атым Джош, — эми достукча сүйлөп калдым. — Таанышканыма кубанычтамын, Джош, — окутуучу мага колун сунду. — А мен болсо профессор Келлермин. — Бирге болсун, — дедим, мен да анын колун кысып. — Кийинки жолу, — деп кошумчалады Тони, — сиз жакшыраак даярданып келесиз деп үмүттөнөм. — Даярданыппы? — заардуу тил менен кайталап сурадым. Жок бул кыз сөздүн өнөгүн алдырбайт, бирок мен ага жөн гана «макул» болдум. — Шектенбеңиз, мен даярданам. Сиз дагы мен сизге далилди көрсөткөнүмдө фактыны калыстык менен баалаганга жана өзүңүздүн иллюзияларыңыз менен кош айтышканга даяр болосуз деп үмүттөнөм. — А сиз өзүңүзчү, Джош? — деди профессор Келлер. Мен ага карадым. — Сиз өзүңүз да ушундай кылганга даярсызбы — фактынын алдында иллюзияларыңыз менен кош айтышканга? — Менде иллюзиялар жок, профессор, — жооп иретинде анткорлоно күлдүм. — Мен нерселерге реалдуу карайм. — Мен жөн гана сурап койдум, — деп жооп берди окутуучу. Коштошуп жатып, акыркы сөздү ичиме жутуп тура албадым: — Анан дагы бир нерсе: учурдан пайдаланып, кийинки жумада мен үчүн добуш берип коюшуңуздарды суранып калайын. Бирок сиздер абдан аз болгондуктан, суранганымдын мааниси барбы же жокпу билбей турам. Сиздердин добушуңуздар бир нерсени чечкенге жарабаса деле керек. Өтө капа болуп кеткеним, алар менин сөздөрүмдөгү какшыктарыма көңүл деле бурушкан жок, жөн гана жооп иретинде жылмайып коюшту. «Кызыктай эле адамдар» — деп ойлодум кетип бара жатып. Мен өзүмчө аларга Ыйсанын Тирилүүсүн жокко чыгарган фактыны алып келгенимде алардын бетинде кандай сезим болоорун элестеттим. «Эмне, ошондо да жылмайып тура беришеби?» — деп оюм менен өзүмдү соороттум. Мага алардын чымыраган бети, алсыз көз караштары көрүнө баштады. Бир гана проблема калды. Бул документти али чогултуш керек болчу. * * * Менин изилдөөм Ыйык Китептен башталганы логикага ылайык. Келлога колледжиндеги машайактык кружок Ыйсанын бар болгонунун ишенимдүү күбөсү катары Ыйык Китепти алып келчү — Ыйсанын Кыздан төрөлгөнүн, кереметтерди жасаганын, өлүп, андан кийин тирилгенин. Бирок бул «фактылар» эмнеге негизделген болчу? Эски Осуят миң жыл мурда эле жазылган эмес. Чыныгы изилдөөчү ушундай байыркы күбөлүккө кайрыла алабы? Макул, а Жаңы Осуятчы, менин угушума караганда, Ыйса өлгөндөн кийин кыйладан кийин жазылган экен, ошондуктан ишенимге татый турганына шегим бар. Бирок баары бир мага бул китепти өзүм окуп чыгышым керектиги анык болчу, анын маанисине кирип, карама-каршылыктарды, логиканын жоктугун жана жөн гана ойдон чыгарылган нерсе экенин табышым керек болчу. Окуп бара жатып, өзүм үчүн бирдемелерди жазып алдым, бардык кереметтерди, Ыйсанын өзүнүн кудайлык табияты жөнүндө айткан бардык сөздөрүн белгилеп алдым. Башында Ыйсанын Тирилүүсүнүн бетин ачып коюу менден өзгөчө эмгекти деле талап кылбай тургандай сезилди. Бирок справка берүүчү адабияттарды окуп жатып, комментарийлерге жана Ыйык Китепке тиешеси бар шилтемелерге көз жүгүрткөнүмдө, менин алдымда кандай татаал жана көп кырдуу картина ачылганын аз-аздан түшүнө баштадым. Ишенбеген Томас деле (мен ага карата жакындыкты сезген жападан-жалгыз шакирт) жыйынтыгында тирилген сыяктанган Ыйсанын алдында тизе бүгүп: «Менин Теңирим жана менин Кудайым!» — деп кыйкырып жиберген. Машайактык кружоктун мүчөлөрү менен туруктуу жолугушкан сайын, мен алардын качан мени шылдыңдап күлүшөөрүн — сенин изилдөөлөрүң кандай жүрүп жатат деп сурашын күтүп жаттым. Бирок эгерде мен өзүм эскертпесем, бул темага кайрылуу эч кимдин оюна келчү эмес. Алардын мага болгон мамилеси достук бойдон өзгөрүлбөй калды. Сыягы, алар менин ишим кандай жүрүп жатканына чын эле кызыкдар болуп калышкан окшойт. Алардагы өзүнө жана өз ишенимине болгон ишенимдүүлүк кайдан келген? — деп таң калганымды токтото алган жокмун. Ушул үчүн да мен алардын туура эместигин андан бетер далилдегим келди. Баарыңарды акылыңардан адаштырып коюшуптур деп өзүмдү ишендирдим, — бирок ким жана эмне максат менен? Сыягы, мен дарактардын ар жагындагы токойду көрбөй жаткан чыгармын. Алардын ишеними кадимки жомоктордон эмнеси менен айырмаланат? Мен андан беш бетер биздин колледждин китепканасынан таба алган китептерге башымды тыктым, атеисттер менен агностиктердин сочинениелери менен трактаттарына баш отум менен кирип кеттим. Менин маанайыма өзгөчө үндөш келгени Бертран Расселдин 1927-жылы жазылган «Эмне үчүн мен машайакчы эмесмин» деген эссеси болду. Ал Ыйсанын жашаганы тууралуу фактынын өзүн гана талашып отурбастан, бүтүндөй динге болгон жек көрүүсүн билдирген: «Адамдар динди аргументтерге негизделгендиги үчүн кабыл алышат деп ойлобойм. Менин көз карашым боюнча, адамдардын динди кабыл алганынын себеби акыл-эстин далилине байланыштуу эмес. Адамдар динди эмоционалдык ниет менен кабыл алышат. Көбүнчө бизди динге чабуул жасоо адамга зыян келтирет деп ишендиришет, анткени дин адамдарды жакшы иш кылууга чакырат. Мени да буга ишендиришти: бирок мен иштин чындыгында эле ушундай болгонун байкаган жокмун». Мен өткөнкүнүн белгилүү ойчулдарынын: Иммануел Канттын, Чарльз Дарвиндин, Зигмунд Фрейддин жана Фридрих Ницшенин сочиненияларын сөзмө-сөз жаттап алдым. Эми менин колумда Келлога колледжиндеги машайакчылардын аргументтерин биринин артынан бирин оңой эле талкалап сала турган ошончо көп цитаталарым бар эле. Бирок бир гана байланышсыздык мага тынчтык бербей жатты: эмне үчүн, чынында, белгилүү скептиктердин «билимдүү» ойлору — ишендирүүчү жана негиздүү далилдери бар, а карама-каршы көз караштар — жок? Көбүнчө алганда, мунусу да, тигиниси да — болгону жеке пикир, андан ашык бир нерсе болушу мүмкүн эмес. А мен болсо, жеке пикирге караганда, кандайдыр-бир чоңураак нерсеге муктаж болчумун. Мага тарыхый тастыкталган күбөлөндүрүүлөр, Ыйык Китептеги окуяларга ишенүүгө болбойт, анткени Ыйса өзүн ким деп атаган болсо, ошол эмес деген жыйынтыкка алып келе турган эмпирикалык маалыматтар керек болчу. Кызык, мындай нерселер кайдан пайда болот? Мен окуган философтор менен жазуучулардын көпчүлүгү европалыктар болчу. Анан күтүүсүздөн менин башымда бир ой пайда болду: а эмне үчүн өзүм Европага барып, баарын ошол жерде изилдесем болбойт? Мен булактардын башатына бара алмакмын: Оксфорд менен Кембриджге, Лондон менен Парижге, Гейдельберг менен Женевага… Ошол доордун манускрипттери жана чыныгы документтери сакталып турган кенен китепканалары жана музейлери болгон ошол жерлерге. Он тогуз жаштагы бала үчүн өтө бийик болгон нерселерге умтулуп алдың деп айтат чыгарсыз? Балким, ошондойдур… Бирок эмнеге болбосун? Акыры, кандай болгон күндө да, Европаны кыдырып, убакытымды жаман өткөрбөйм! * * * Мен бардык деталдарды күн мурунтан эле пландаштырып алганга шашылган жокмун. Мындай саякат иш жүзүнө ашырылышы үчүн, акча чогултуш керек, толук эмес жумушчу күнү менен дарыканада иштеп тапкандан көбүрөөк акча чогултушум керек экендиги ошондо эле айдан-ачык болду. Биздин шаарчада жумуш табуу оңой эмес болчу, ошондуктан мен ишкердүүлүк менен мамиле кылууну чечтим. Мага белгилүү болгондой, аз эмес студенттер жумуш издеп жүрүшкөн, а менде болсо алар үчүн жумуш орундарын түзүү идеясы бар болчу. Баары бир нерсеге келип такалчу — баштапкы капитал. Бул үчүн мен Билли Коннор деген таанышыма жөнөдүм. Менин билишимче, анын үй-бүлөсү бул шаардагы эң бай үй-бүлөлөрдөн болчу, анан мен аны менен өзүмдүн грандиоздуу планымды бөлүшүүнү чечтим. — Өз бизнесимди ачышыма кандай карайсың? Мен сырдай турган фирма жөнүндө айтып жатам, — дедим мен. Билли унчукпастан мага тигилди. — Оюм кандай экен? — деп сурадым мен аны карап. — Сырдоочу жумуштарбы? — деп кайталады ал күлүмсүрөп. — Сенин грандиоздуу планың ушулбу? — Бирок кимдир-бирөө адамдардын үйүн сырдап бериши керек эмеспи? — даярдык менен жооп бердим мен. — Ооба, туура. Анан дагы алар үчүн дүкөндөн жашылчаларды алып келип берип, унааларын күйүүчү май менен камсыз кылып жана өлгөндөрүн көмүп да бериш керек. — Билли, сен андан көрө мага айтчы, — бул райондо үйлөрдү сырдап бере турган канча компания бар экенин билесиңби? Мага белгисиз болгон сыяктуу эле, бул ага да белгилүү эмес болчу, бирок мен аны бул ньюанска арнаганы жаткан жок элем. Тескерисинче, биздин чөнтөгүбүзгө канча акча түшө турганын жаза баштадым, анан Билли бир аздан кызыга баштады. — Компанияны кандай атайбыз, эгерде биз… тагыраак айтканда, эгерде сен аны ача турган болсоң? — деп сурады ал. — Азырынча билбейм. Бирок биз эң мыкты кызматты көрсөткөнгө камынып жаткан болсок, эмне үчүн аны «Биринчи сырдоо компаниясы» деп атап койгонго болбосун? Бул атты кандай деп ойлойсуң? А түшкөн пайданы болсо, элүү-элүүдөн бөлүп алабыз. Кандай дейсиң? Бир аз тайсалдап туруп, Билли акыры макул болду, анан бир жуманын ичинде шатыга, кисттерге жана валиктерге — бир сөз менен айтканда, жумушка ансыз киришүүгө мүмкүн болбогон курал-жарактардын баары үчүн акча тапты. «Биринчи сырдоо компаниясы» ушундайча пайда болду. Биз жергиликтүү гезитке жарыя бердик, анан тез эле биринчи коңгурообузду кабыл алдык. Ушул биринчи буюртмага мен өзүм барууну чечтим, бирок тилекке каршы, сырдоо жумушу чындыгында кандай жумуш экенин таптакыр билбеген экенмин, ошондуктан ошол биринчи үй мени көйнөгүмдөн куру жалак калтырды. Анын үстүнө, иштеп тапкан акчабызга караганда, боёк үчүн көбүрөөк акча төлөдүк. А эки жумадан кийин болсо, Билли «сүлгүсүн ыргытып жиберди» — башкача айтканда, кистин таштап жиберди. — Болду! Мага жетишет, Макдауэлл, — деди ал, бурулуп, кезектеги иштен кетип калыш үчүн. — Билли, сен кантип ушундай кыла аласың? — деп каршы чыктым. — Мынча инвентардын баары үчүн канчалаган акчаларды короттук. Токто, досум, дароо эле жеңилип бербе! Бирок ал коштошуш үчүн колун булгалады: — Булардын баарын өзүң ала бер. Мага жетишет. Биллинин карааны акырындык менен горизонттон жоголуп кеткенден кийин, менин ташым жогору көздөй кулай баштады. Кокусунан эле жакшы акчаларды таап жаттым, бир эле убакта ондон он бешке чейинки студенттерди ар түрдүү жумушка жалдап ала баштадым. Алар менден эч кандай өзгөчө акчаларды деле талап кылышкан жок, акча иштеп табуу мүмкүнчүлүктөрү пайда болгонуна эле ыраазы болуп жатышты. Аз-аздан мен анча көп эмес акчаларды чогулта баштадым. Бир жолу май айынын башында жашы улуу аял, Юнион-ситидеги анча чоң эмес мейманкананын кожойкеси, телефон чалды. Бул мейманкана викториялык доордогу үч кабаттуу, жантайган кенен чатырлуу имарат экен. Имаратты бир эле жолу караганда, мен Европага барууну пландаштырып койгон күнгө жете турган акча бар экенин түшүнүүгө болор эле. — Мунун баарын сырдоо канчага турат? — деп сурады Бернс айым, мейманкананын кожойкеси. Ушундай чоң заказда катачылык кетирип албаш үчүн мен ага толук сумманы айтып, тобокелге барган жокмун, ошондуктан саатына карап төлөөнү артык көрдүм: — Мен сизден саатына беш доллардан алам, — дедим. Бернс айым, карыган жесир аял, жарык күндүн нурунда көзүн гана кысып койду. Бирок ал мени «сылык жигит» деп эсептеди, анан көпкө ойлонбой туруп эле, шартыма макул болду. Мен жумушка кириштим. Бир канча күн өткөндөн кийин Бернс айым менин ашкана жайгашкан жердеги жашыруун жолдун үстүнө жабык веранда куруп бере алар бекениме кызыгып калды. Мен өмүрүмдө мындай нерсени куруп көргөн эмес элем, бирок мен албетте: — Шектенбеңиз! Эң сонун кылып курабыз! — деп жооп бердим. Өзүмдүн жездем Мерлди жардамчы кылып алдым, ошентип бир канча күн бою балкабызды ургулап жатып, бизден талап кылынган нерсени аткарып бүттүк. Бернс айым менин жумушумду кабыл алгандан кийин эсептешем деп Мерлге сөз бердим. Бирок кийинки күнү нөшөрлөп жамгыр жаады. Бернс айымдын кулакты жарган кыйкырыгын укканымда мен негизги кире бериштин верандасында болчумун. Эмне болуп кеткенин көрүш үчүн мен ошол жакка чуркадым. Ал веранданын ортосунда шыпты карап турган экен, ал жерден суу шорголоп кирип жатыптыр. Мен тактайчанын астынан рубероид (картон кагаздан жасалган, көбүнчө үй жабуу үчүн колдонула турган материал — Котор. эскер.) төшөгөндү унутуп калыптырмын! Толук бүтүрбөгөнүм үчүн кечирим сурап, Мерлди чакырдым, анан экөөбүз чатырды кайрадан кура баштадык. Курулуш да, сырдоо да бүткөндө, эсептешип алыш үчүн Бернс айымга бардым. Эшикти тыкылдаттым, бирок мага эч ким жооп берген жок, ошондуктан мен мейманкананы айланып өтүп, аны короодон издөөнү чечтим. Көрсө, Бернс айым үйдүн алдындагы кичинекей бакта өз үйүн карап отурган экен. Жаагын таянып алып, абстракционисттин болотнайын же заманбап искусствонун музейиндеги скульптураны үйрөнүп жаткансып, кыялдарга берилип кеткен экен. Эч сөз айтпастан басып келдим да, анын жанына турдум, аны эмне ушунчалык суктантып — же болбосо тынчсыздандырып жатканын түшүнгөнгө аракет кылдым. — Менин үйүм талкаланды, — деди ал, мага карап. «Үйүм талкаланды» деп созолонтуп кайталады ал, кудум эле «шедевр» үчүн аталыш ойлоп жаткансып. Анын көз карашын ээрчип отуруп, кептин эмнеде экенин түшүндүм, — веранданын чатыры бир кыйла чүрүшүп калган экен. Мен жакшы эмес тактайды тандап алыптырмын жана аны жамгырга куруштуруп коюптурмун. Менин көкүрөгүм муздай түштү. Жумуш үчүн төлөнчү акыркы ушул төлөм мага абдан зарыл болчу. Эки күндөн кийин Европага жөнөмөкмүн. Жакшыраак көрүш үчүн башымды эңкейтип, көзүмдү жүлжүйтө минтип да, тигинтип да карап чыктым: — Анчалык деле эмес, Бернс айым, — дедим мен. — Кеп чатырда эмес, сиз көрбөй турасызбы? — Эмнени көрбөй турам? — кайталап сурады ал. — Үй өзү кыйшайып калыптыр. — Үй кыйшайып калыптырбы? — деп кайталады ал ишенбеген үн менен. — Ооба, айым. Эски үй, ошончо жыл бою мындай күтүүсүз бурчтун астында пайдубалга отуруп турган. Сиз өзүңүз деле жакшылып карасаңыз! Солго кеткен ушул кыйшыкты көрүп жатасызбы? — Солгобу? — Жок, кечирип коюңуз, оңго? Үй оң жагына кыйшайып калыптыр. Сиз, башкысы, көзүңүздү жакшыраак ачып караңыз, Бернс айым. Ошондо жакшы көрө аласыз. Бернс айым бир көзүн жумду, андан кийин экинчисин, кудум эле мылтыктан мээлеп жаткансып. Андан кийин көз айнегин чыгарып, эки көзүн тең жүлжүйттү. Акыры, көз айнегин тагынып, жеңилдей түшө дем алды: — Мына десе! Демек, үй кыйшайып калган экен да, — деди ал кеңири жылмайганча. А мен болсо кайраттануу менен башымды ийкедим. Эгерде менде кандайдыр-бир жөндөмдүүлүк бар болгон болсо — ал бирөөнү ишендирүү жөндөмдүүлүгү болчу! — Албетте, айым. Үй кыйшайып калган! Эки күндөн кийин Бернс айымдан накталай чекти алып, чек аранын ары жагына жол тарттым. СЕГИЗИНЧИ БӨЛҮМ. УЛУУ БРИТАНИЯ Мен учак менен Детройттон Нью-Йоркко чейин учуп келдим, ал жерден «Пан Американ» компаниясынын реактивдүү авиалайнери менен Шотландиянын Глазгосуна чейин учтум. Ооба, Бэттл-Криктен жакын эмес жол, — деп ойлодум өзүмчө, менин түшкү тамакка берген буюртмамды алып жаткан жакшынакай стюардессага жылмайганча. Айлананы карап, жүргүнчүлөрдү тейлеп жаткан алты стюардессаны эсептеп чыктым, алар жалпысынан ондон ашык эмес болчу — баары бирдей жумуш костюмун кийип, галстук тагып алышкан, бирөөсү болсо, жада калса, тамеки тартып алган эле! Ыңгайлуу креслого чалкалап жатып алып, мен иллюминатор Боинг — 707 учагынан кыя өтүп бара жаткан үлпүлдөгөн аппак булуттарды карай баштадым. Мунун баары мени алдыда бүт жашоомдун кызыктуу окуясы күтүп жатканынан кабар берип жатты. Глазгого конгондо, мен шаардын дээрлик борборундагы студенттик мейманканага жайгаштым. Түшкү тамакты жеп алып, жолдон бир аз эс алгандан кийин, Глазго университетинин китепканасына жөнөдүм. Бир канча суроолорду бергенге туура келди, андан кийин мени айнек витринада б.з. биринчи-үчүнчү кылымдарындагы сейрек папирус фрагменттери коюлган өзгөчө коллекциялар бөлүмүнө узатып коюшту. Бул коллекциялар «бирөө үчүн керексиз таштанды башка бирөө үчүн бүтүндөй казына» деген макалдын тикеден-тике ырасталышы экен. Египеттик байыркы Оксиринх шаарындагы таштандыларды казганда, Египеттин кургак кумдары жыйырма үч кол жазманын фрагментин сактап келген экен: административдик документтер, жеке каттар, чоор үчүн жазылган ырлар, ошондой эле Жакан жазган Жакшы Кабардын бир бөлүгү. Учуп келгенден кийин эки күндү Глазгодо өткөрдүм, андан кийин Лондонго жол тарттым, ал жерде да студенттик мейманканага токтодум. Кийинки күнү эрте менен мен улуу имарат Британдык китепкананын — дүйнөнүн эң чоң китепканасынына кирдим. Мен бул китепканада «Codex Sinaiticus», же болбосо «Синай Кодекси» — Жаңы Осуяттын текстинин эң алгачкы толук кол жазмасы сакталып турганын окуган болчумун. Он тогузунчу кылымда Синай жарым аралындагы монастырлардын биринен табылган «Кодекс» алгач орустардын колунда болот, бирок андан кийин, 1933-жылы Британдык китепкана тарабынан Советтер Союзунан сатылып алынган. Эми мына мен ок тешип өтпөс айнектен жасалган витринанын ичинде жайылып турган бул баа жеткис манускриптти карап турам, — тагыраак айтканда, анын грек тилинде жазылган 347 барагынын эки бетин. Витринанын жанында илинип турган көрсөтмөгө караганда, бул мындай форматтагы антикалык доордон сакталып калган байыркы китеп болчу. «Ошондой болгон күндө да, — деп ойлодум, — бул баары бир көчүрмөнүн көчүрмөсү, көчүрмөнүн көчүрмөсү, көчүрмөнүн көчүрмөсү. Оозуңа жеткенче бир күкүм да түшүп кетиши мүмкүн деген макалдагыдай болуп. Эгерде оригинал өзү бар болгон деп эсептей турган болсок, ким билет, бул жылдар аралыгында баштапкы оригинал тексттен эмнелер түшүрүлүп калган?» Мен пергамент кагазына жазылган катты жакшыраак көрүш үчүн айнектин өзүнө тийип кеткидей болуп эңкейдим, анан менин жонумдан суук бирдеме чуркап кеткендей болгонун сездим. Ооба, бул саптарды адамдын колу жазган болчу. Балким, тексттин үстүнөн бири-бирине билдирип турган бир канча адам иштеген болушу деле мүмкүн. Анан жумуш шашылбастан жүргүзүлгөнү анык. Тамгалар кылдаттык менен жазылганы көрүнүп турат жана баары так жана жөндөмдүүлүк менен жазылган — Жаңы Осуяттын бүтүндөй тексти. Эгерде андагы бардык нерсе — же болбосо кайсы-бир бөлүгү — ойдон чыгарылган нерсе болсо, анда буга көчүрүп жазган адамды (же көчүрмөчүлөрдү) ойдон чыгарылган окуяларды пергаментке ишенип жазууга, ушунчалык чарчаткыч жумуштун үстүнөн баш көтөрбөй иштегенге эмне мажбурлаган? Анан да кандай максат менен? Кийинки эки күндү мен музейдин антикалык бөлүмүнүн көрсөтмө залдарынын коридорлорунда кезип өткөрдүм. Алар аягына чыкпай тургандай сезилди. Мен б.з.ч. экинчи кылымга туура келген Наполеондун армиясы тарабынан 1799-жылы Мисирден табылган «Розетта ташын» көрдүм. Ал мисирдик иероглифтерди чечмелөөнүн ачкычы болуп калган экен. Мен байыркы мисирдик мумиялардын жана миңдеген-миңдеген жылдар мурда катырылган фараондордун таасирдүү гранит статуялары коюлган узун тизмектердин жанынан өттүм. Статуялар, фрескалар, монеталар, куралдар, керамикалар жана көптөгөн нерселер мени мурунку убакытка, байыркы Греция менен Римдин, Месопотамия менен Персиянын, Орто Азия менен Палестинанын антикалык дооруна алып барды. Музейдеги экспонаттардын саны жана мүнөзү өзүнүн кеңдиги жана деталдары менен мага күчтүү таасир калтырды жана акыры качып кутулгус нерсеге — ошондой эле айдан-ачык көрүнүп турган нерсеге: тарых өзү менен кошо китепке караганда көп нерсени алып жүрөт турбайбы деген тыянакка алып келди. Бул өтмүштө тирүү адамдар тирүү каалоолору менен жашап келишкен, анын ичинде, дээрлик эки миң жыл мурда өздөрүн биринчи болуп машайакчылар деп аташкандар да! Алар бардыгы биргеликте акылсыз фанаттар же эрки жок аңкоолор болгон эмес — ошол эле убакта алардын дининин негиздөөчүсү кыздан төрөлүп, кереметтерди көрсөтүп, өлүп, кайра тирилгенин курулай эле ырастай беришкен эмес! Бул ишенимди катуу карманып, кээде өлүм азабына чейин барышканына аларды эмне мажбурлаган? Анан да алгачкы окуялардын күбөсү болбогон башкаларын алардын жолун жолдогонго эмне ишендирген? Алардын чындыгы — алар чындык деп жарыялаган нерсе — чындыгында жалган экенин мен кантип далилдей алам? Адашып кетпеш үчүн, мен өз максатыма жете турган кыска жолду табышым керек. Китепканачылардын кимдир-бирөөсү менен сүйлөшөм деген үмүт менен башкы китепкана залына кирдим. Бирок андан уккан биринчи нерсем — акырыныраак сүйлөңүз деген өтүнүч болду. — Кечирип коюңуз, — деди мен. — Мен сизге кандай жардам бере алам? — эрдин кымтып сурады ал. — Сиздерде ушунчалык кең мейкиндик бар экен, Техас жөнүндө ойлой турган кезек келди, — деп байкадым. Китепканачы кашын суроолуу көтөрүп койду. Эч буйдалбастан туруп, мен сөзүмдү уланттым: — Музейде бир ай бою бир жайдан бир жайга көчсөң деле, бир эле нерсени эки жолу көрүүгө болбойт окшойт. — А сиз так эмнени издеп жатканыңызды сурасам болобу? Өз өтүнүчүмдү кандай формада билдирсем экен деп ойлонуп калдым. — Мен Ыйса жашаган мезгилде эмне болгону жөнүндөгү чыныгы фактыны тапкым келет. — Ошондойбу? — Ооба. Фактыны ойдон чыгарылган нерседен кантип бөлүп алууга болот? Менин алдымда турган эң чоң тоскоолдук мына ушул. Ошол «Синаи Кодекси… Синаи…» Сиздер аны кандай атайсыздар? — «Кодекс Синаитикус». — Так ошол. Таасирдүү китепче экен, сөз жок. — Албетте. — Бирок бул оригинал эмес да. — Албетте, бул оригиналдуу көчүрмө. — Мен ушуну айткым келген! — деп кыйкырып жибердим, ишендириш үчүн сөөмөйүмдү көрсөтүп. — Төртүнчү кылымдын ортосунан жетип келген көчүрмөбү…? Бул китепте сүрөттөлгөн жана болуп өткөндөй жазылган окуялардан кийин, бүтүндөй үч жүз жыл өткөн болчу да! Бул мыйзамченемдүү бир суроону пайда кылат. — Кандай суроону? — Андагы канча нерсени өзгөртүп жетишишкен? — Кечириңиз, мен сизди түшүнбөдүм? — Мен баштапкы тексттен четтеп кетүү жөнүндө айтып жатам… Жыйынтыгында алдын-ала аныкталган тыянак чыгып калышы үчүн киргизилген өзгөртүүлөр. Эмне үчүн мен андагы жазылган нерсеге ишенишим керек? Мен анын чындык экенин кайдан билем, окуялар андан мурда болуп өткөн болсо? — Биздин китепкананын мурдагы директору так ушул суроого арналган китепти жазды. Балким, ал сизге кызыктуу болсо керек. Китеп «Биздин Ыйык Китеп жана байыркы манускрипттер» деп аталат. — Анан аял каталогдордогу карточкаларды издей баштады. — Мен аны менен бул тууралуу жекеме-жеке сүйлөшсөм болобу? — Бул мүмкүн эмес деп ойлойм! — деп жылмайды китепканачы, башын чайкап. — Кэнион мырза өлгөнүнө бир канча жыл болду. Мени аз-аздан көңүл калуу ээлеп алды: — Түшүнүңүз, — бир маанилүү учурду далилдеш үчүн, мен бул жерге Мичигандан келдим. Мага түшүнүксүз, Кудай барбы же жокпу. Менде бир көз карашты же башкасын тандап алганга факты жетишпей жатат. — Анан сиз атайы иштелбеген ой менен калгыңыз келбей жатат, — деп сөзүмдү бөлдү китепканачы. — Дал ошондой — атайы иштелбеген ой! — деп жибердим. — Бирок мен мени мүчөлөп салсаңыз да, бир мүнөт дагы Ыйса Машайактын кудайлыгына жана Анын өлүп-тирилгенине ишенбеймин. Мындай болбогон нерсени далилдөө керек деген ойдун өзү мага абсурддай сезилет! Бир аз тынчтанып алып, сөзүмдү уланттым: — Жөнөкөйлөтүп айтканда, эже, мен бул жерге машайакчылык мифтерге жана ойдон чыгарылган нерсеге: Тирилүү — миф, кереметтер — мүмкүн эмес, бүтүндөй дин — ойдон чыгарылган жасалма нерсе экенин далилдеген далилдерди издеп келдим. Таң калгандыктан китепканачынын ачык-көгүлтүр көздөрү чоңоюп кетти. — Башка учур болгондо, мен мындай кылмак эмесмин… бирок ал каршы болот деп ойлобойм, — деди акыры ал, өзүнүн столундагы телефон китепчесин карап, кагазга кимдир-бирөөнүн атын жана телефон номерин жазып жатып. — Мына, алыңыз — Кобб мырза. Ага телефон чалып, сизге Уизерспун айым көрсөтмө бергенин айтыңыз. Мен кагазды алып, аны колумда тегереттим: — Алан Кобб, — акырын окудум мен. Андан кийин китепканачыга карадым да: — Ал мага жардам бере алат деп ойлойсузбу? — Шегим жок, ал сизге керектүү адамдын дал өзү. Анын бул тармакта кенен билими бар. — Ал окумуштуубу? — Чынында ал барристер. — Бул ким? — Эгерде жаңылбасам, сиздерде, америкалыктарда, мындай адамды адвокат деп аташат. Мен сый көрсөтө башымды ийкедим: ким-ким, а адвокаттар болсо кантип талкуулоону, далилди кантип келтирүүнү билишет. Анын мага жардам берери шексиз. Мен жакын жерде айланып жүргөндөн көрө, ишке тикеден-тике киришем, жерге биротоло жана түбөлүккө көмүп салганга дем байлаган машайакчылыктын табытына мык кагам. Биринчи эле телефон-автоматты тапканда, Кобб мырзага телефон чалдым. * * * — Түшкү тыныгууда жолугушалы. Сизди Грейт-Рассел стриттеги «Таверна-Музейине» чакырам, — деп сунуш кылды Кобб мырза, мен анын офисине телефон чалып, Лондондо эмне кылып жүргөнүмдү түшүндүрүп бергенден кийин. Музейге бир да багынып бербеген бул ресторан 1730-жылы курулган экен жана англиялык тарыхтын эки жүз жылдыгын өзүнө камтыган мүмкүн болгон бардык эскертүүчү буюмдар менен жасалгаланганыптыр. Мени ага өзүм сүрөттөп берген сырткы көрүнүшүм боюнча таанып, Кобб мырза терезенин жанындагы столго чакырды. Көрүнүшүнөн ал элүүдөн бир аз ашкан, дене түзүлүшү чың, жаагы кызгылтым тарткан жана бир секунд да ордунда турбагандай сезилген калың кашы бар адам экен. Буюртма берип, андан кийин бир канча мүнөттү таанышууга арнагандан кийин, ал дароо тике суроолорго өттү: — Эгерде сиздин Кудай жана дин тууралуу көз караштарыңызга кызыксам, каршы болбойсузбу? Тагыраак айтканда, аны кыскача билдирип берсеңиз десем? — Албетте, — деп жооп бердим, менин алдыма балык жана куурулган картошка салынган тарелканы коюп жаткан официантка көзүмдү буруп. — Менин көз карашым боюнча, мырза, дин дүйнөдө кездешкен бардык жамандыктар үчүн жоопкерчиликтүү. Менимче, бул жалган, анын үстүнө ар түрдүү. Үмүт бере турган жалган. Жооп иретинде Кобб мырза таң калуу менен кашын өйдө көтөрүп койду. — Кудай жөнүндө болсо, — деп кошумчалардым, — мындай дей алам: Кудай — бул пропагандалоо максаты менен жаралган миф. — Кичи пейилдикке, түшүндүрүп бериңизчи, — деп суроолорун улантты Кобб мырза, муну менен кошо бүчүр кошулган пирогун унуткан жок. — Мен муну мындайча элестетем: бир күнү эрте менен Месопотамиянын же Африканын Рогунун кайсы-бир жеринде — кайда болсо болсун, ошол жерден гомо сапиенс чыгат, — биздин байыркы ата-бабабыз ойгонуп, башын кашып, айланасын карап, анан кокусунан эле мунун баары кайдан пайда боло калды деп ойлонот. Курчап турган дүйнө жөнүндө алгачкы адам өзгөчө маалыматка ээ эмес болчу, ошондуктан бул жерде өзүнө окшогон кимдир-бирөө жумуш жасаган деген жыйынтыкка келет. Ал анын өзүнө караганда күчтүү жана кудуреттүү болгону менен айырмаланып турган. Өмүр бою таанып бүткүс жана кабыл алыш үчүн акыл жетпеген бирөө. Биздин бабабыздын ишенчээк болгонун эске алганда, ал сырдуу жана табияттан тышкаркы күчү болбосо, эч нерсе кыла алмак эмес эле. А эгерде табияттан тышкаркы болсо — демек, коркунуч туудуруучулардан. Биринчи адамды заматта күм-жам кылып коюу бул күч үчүн эч нерсе эмес. Мына ушундай коркунуч менен түркөйлүк ага эң жакшысы бул белгисиз жандыктын алдында баш ийип берүү экенин айтат. Анын мына, ошентип Кудай пайда болду! — Адамдын кейпи менен жаратылган Кудай, — деди Кобб мырза. — Башкача айтуу мүмкүн да эмес! — деп жибердим. — Анан сиз ошол максат менен Англияга келдиңиз…— мени сүйлөмүн аяктайт деп күтүү менен унчукпай калды. — Чындыгында, бул кызыктуу окуя, мырза. Мен эски, мээримдүү Америкада, Мичиган штатында жашайм. — Улуу көлдөрдүн штаты. — Ооба, мырза. Бул жерлерде болгонсузбу? — Картиналардан жана китептеги сүрөттөрдөн эле көргөм, — деп жооп берди Кобб мырза жылмайганча. — Ушундай, мен анча чоң эмес колледжде окуйм жана дайыма машайакчылардын тобу менен кезигишип калам, алар мени жадатып бүтүштү. Кобб мырза мага тигиле карап калды. — Өздөрүн бир башкача тутушат, — деп түшүндүрдүм. — Бирок аларды бүтүндөй алганда нормалдуу адам деп кабыл алууга болот. — Нормалдуубу? — Ооба. Көбүнчө алганда, башкалардан эч нерсеси менен кем эмес. Жароокер. Жардам бергенге дайыма даяр. Анан аларда кандайдыр-бир ички тынчтык бар… сыягы, алар өзү-менен өзү макул болбоо — эмне экенин билишпегендей. Чындыгында, алар шумдуктуудай бактылуу. — «Шумдуктуудай бактылуу» …эч качан мындай сөздү уккан эмесмин, — деп башын кыймылдатты Кобб мырза. — Анан алар… сиз айтып өткөндөй, сизди жадатып бүтүштү? — Ооба да, өз көрүнүштөрү менен жадатышат. Өздөрүн акылдан адашып калган кишидей тутушат. Мен эмне үчүн мындайсыңар деп сурайм, а алар болсо жооп катары — мунун баары Ыйсанын жардамы менен деп жооп беришет. Менин оюмча, бүтүндөй абсурд. Бирок алар чынында эле Ыйсанын жашап жатканына жана алардын жакшы адам бойдон калышына жардам берээрине ишенишет. Анан да алардын чындыгында эле жакшы адамдар экенин моюнга алышым керек. Эң болбоду дегенде, ушундай таасир калтырышат. — А бул сапат сизге жагымдуу сезилеби? — Мен таптакыр бул нерсе жөнүндө айтып жаткан жокмун! — мен ошол жерден артка кайттым. — Атап айтканда, мен да бардык адамдар сыяктуу эле, өзүмдүн жакындарым менен тынчтыкта жашагым келет, бирок өзүмдүн интеллектуалдуулугумду өлтүргөнүмдүн эсебинен эмес? Бир сөз менен айтканда, мен аларды түрткүлөп, алардын ишенимин шылдыңдай баштадым, алар болсо, өз кезегинде, мага Ыйса Машайактын айткандарынын чындыгын өзүм издеп көрүүнү сунуш кылышты. — Түшүнүктүү. А атап айтканда кайсы сөздөрүн, эгерде тагыраак айтууга мүмкүн болсо? — Мисал үчүн, Анын Кудайдын Уулу экенин. Адамдын денесинде жашаганын, адамзаттын күнөөсү үчүн айкаш жыгачта өлгөнүн, өлүп-тирилгенин жана биздин дүйнөгө кайра кайтып келерин… Анан, элестетип көрсөңүз, — мен бул чакырууга жооп бердим! Аларга чыныгы бир аргументти таап келем деп чечтим. Бирок баары мен күткөндөй оңой эмес экен. Көбүнчө алганда, менин Штаттардагы изилдөөлөрүм эч кандай майнап бербеди. Жоопторго караганда, суроолорум көбөйүп кетти. Китептердин үстүнөн көбүрөөк отурган сайын, жүз жолу кайталап чайнай бергендин ордуна, Европага барып, болгонун болгондой билип келүү ошончолук зарыл экенин көбүрөөк түшүнө баштадым. — Түшүнүктүү, — деди Кобб мырза, өзүнүн тарелкасындагы тамактын калдыгын наны менен шыпырып жеп жатып. — Уизерспун айым сиздин мага жардам бере ала турган адам экениңизди айтты, — деп сөзүмдү уланттым. — А мен болсо башка бирөөнүн жардамысыз бул иштин ичинен чыга албайм. Ал сиздин бул тармакта жеке изилдөөлөрүңүздү жүргүзгөнүңүздү айтып берди. — Кээде Уизерспун айым ашырып жиберет. Бирок сизден бир нерсени сураганга уруксат этиңиз, сиз дал эмнени издеп жүрөсүз: суроолорго жооптубу же кайсы-бир сөздөрдү жокко чыгарыш үчүн далилдердиби? — Мен машайакчылыктын негизи мифтен башка нерсе эмес экенин далилдеген, танууга мүмкүн болбогон далилдерди издеп жүрөм. — Андай болсо, мен сизге жардам бере ала турганымды деле билбей турам. — Бирок кантип ушундай болсун? — Менин бүт үмүтүм үзүлө түштү. — Мен окумуштуу эмесмин. — Мен муну билем. Сиз барристерсиз, — дедим, мен үчүн жаңы болгон сөздү айтып калуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып жибербей. — Балким, мен илимий ырастоолор жөнүндө айтканымда, туура эмес түшүндүрүп койгондурмун. — Сизди туура эмес айтып койду деп ойлобойм. Сизге сиздин позицияңыздын тууралыгын эч кандай талаш-тартышсыз далилдей ала турган темир далил керек. Кеп тарыхый окуялардын далилин издөө жөнүндө болгондо, илимий далилдерден пайда аз же болбосо эч кандай пайда жок. Кайсы-бир нерсе мага азыр унчукпай калып, Кобб мырзанын улантышына уруксат берүү жакшыраак экенин билдирип турду: — Баарын өз алдымча изилдеп чыгам деген каалооңуз мактоого татыктуу, жигит. Силердин муунуңарда табыш үчүн издегендер көбүрөөк болгондо кана! Бирок, көрдүңүзбү, илимий далил фактынын өзүнүн реалдуулугуна таянат, окуя фактыны талашып-тартышып жаткан адамдын көзүнчө кайталанат. Бул нерсе көзөмөлгө алынган чөйрөдө, байкоо жүргүзүүнү өткөрүүгө мүмкүн болгон жерде, маалыматтарды чогултуп алып, гипотезанын аныктыгын эмпирикалык жактан текшерүүгө мүмкүн болгон жерде өткөрүлөт. Алынган жыйынтыкты кийин да кайра-кайра текшерүүгө болот. Эми көрдүңүзбү, эгерде сиз тарыхый окуяны далилдөөгө же жокко чыгарууга умтулуп жаткан болсоңуз, сиздин алдыңызда турган дилемма кайда жатканын көрдүңүзбү? — Көрүп жатканыма ишенбей турам. Бирок сиз өзүңүз мага айтып бере турганыңызды болжолдоп турам. Кобб мырза чыдамсыздык менен тарелкасын четке чыгарып койду да, столдун үстүнөн мен жакка ийилди. Анын каштары кайраттуулук менен өйдө көтөрүлө түштү. — Эртең же жыйырма жылдан кийин, Австралиядагы кайсы-бир адам 1959-жылы, ушул күнү сиз менен менин Лондондогу Грейт-Рассел-стрит «Таверна-Музей» ресторанында түшкү тамакты жегенибизди далилдөөнү чечти деп коелу. Түшүнүп жатасызбы, ал илимий методду колдонуу менен гана муну далилдей албайт. Өзүнүн ишин жеткиликтүү аткара алышы үчүн ага юридикалык-тарыхый далил деп аталган нерсе керек болот. Ал бармагын жогору көтөрүп, айтылган сөздүн маанилүүлүгүнө менин көңүлүмдү бурду: — Юридикалык-тарыхый далил кайсы-бир нерсе негизсиз шектенүүдөн алыс факты болгонуна негизделет. Башкача сөз менен айтканда, ал биздин колубузда болгон материалдык далилдерге таянып, кайсы-бир маалыматты ырасташыбызга жол берет. Кобб мырза күтүүсүздөн токтоп калды. — Сиздин тамагыңыз муздап калат, — деди ал. Мен өзүмдүн тарелкама карадым: балык менен картошка али кол тийбеген бойдон турган эле. Вилканы алып, тамакты жей баштадым, Кобб мырза болсо сөзүн улантты: — Мына ушундай, юридикалык-тарыхый далил күбөлөрдүн көрсөтмөсүнүн үч түрүнөн, атап айтканда: оозеки көрсөтмө, жазуу түрүндөгү көрсөтмө жана буюмдук далилдерден турат. — Кобб мырза кайрадан унчукпай калды. — Мына, татып көрүңүз — уксус сепкенде балык даамдуураак боло түшөт, — деди ал, мага угут уксусу бар бөтөлкөнү берип жатып. — Ушул керек болуп жатты эле, — деп мактадым мен, тамактын өткүр даамына ыракаттана жеп жатып. — Булардын баарынан да, мен убакыт машинасына отуруп алып, чын дилим менен саякатка чыкмакмын, — деп улантты Кобб мырза, — анын орду фантастикалык романдарда болсо да. Ошондуктан биздин австралиялык изилдөөчүбүздө бул жерде байкоо жүргүзүүнү өткөрүп, керектүү бардык эмпирикалык маалыматтарды чогултуш үчүн, физикалык жактан алып караганда, ушул тарыхый мезгилге жана убакытка кирип алганга эч кандай мүмкүнчүлүгү жок. Бирок эгерде ал юридикалык-тарыхый ыкмага кайрыла турган болсо, ал жөнүндө азыр эле кеп кылдык, дагы бир аз буттары менен иштеп кое турган болсо, анда бул окуянын чындыгында эле болуп өткөнүнө ишене алат. Кантип деп сурайт чыгарсыз? — Ооба, кантип? — Оозеки көрсөтмөлөрдөн баштайлы. Мисал үчүн, тигил аял — бирок суранам, ал тарапка карабаңыз — сиз залга киргенден баштап, сизден көзүн албай отурат. Ал сиз менен менин бул ресторанда түшкү тамакты жегенибизди далилдеп берсе, эгерде ал күндөлүк жазып жүргөн болсо, эч кандай таң калмак эмесмин. Эгерде бир күн күндөлүк табылып калса, ал жерде сиз да эскертилген болосуз, — бул анын сөз менен сүрөттөп бергенине кошумча жазуу түрүндөгү ырастоо болуп калат. Бирок ишибизди ушул айымга гана негиздеп отурбайбыз. Бизде официант дагы бар. Мен анча алыс эмес жердеги столго көз жүгүрттүм, ал жерде биздин официант бир канча жашы улуу джентельмендерге суусундук куюп берип жаткан экен. — Анын кесибинин өкүлдөрүндө мүмкүн болгон пайдасыз маалыматтарды эстеп калуу жөндөмү өзүнөн-өзү иштелип чыгат, — деп түшүндүрдү Кобб мырза. — Анан ал сөзсүз түрдө сиздин америкалык адам экениңизди эстеп калат, ал сиздин ага менюдагы кайсы тамакты тандайын деп кеңеш сурап кайрылганыңыздагы акцентиңизге карап байкап калган болот, ал сизге балык менен куурулган картошканы сунуш кылган эле — бул анын сүйүктүү тамагы экени анык. Ал сизге жактыбы? — Абдан даамдуу экен, — оозум толо тамак менен жооп бердим. Кобб мырза ыраазы боло башын ийкеди. — Андан сырткары, мен дагы сизди жакшы эстеп калам жана окуяны кыскача сүрөттөп бергенге жана оозеки көрсөтмө бергенге жөндөмдүүмүн. — А мен болсо, өзүм жөнүндөгү «олуттуу далилди» калтырып кетем, мына бул чек түрүндө, — деп түшкү тамактын эсебин өзүмө тартып жатып, коюп койдум. Мен эсепти алаардан мурда Кобб мырза аны ала коюп: — Эгерде уруксат берсеңиз, буюмдук далилди да мен өзүмө калтырайын, — деди ал, мага көзүн кысып. Андан кийин саатына карап: — Бирок менин кете турган убакытым болуп калыптыр. Менин офисиме чейин компания түзүүнү каалабайсызбы? Жолдо бара жатып маегибизди улантабыз. Эсепти төлөп койгону үчүн ага болгон ыраазылыкты сезе башымды гана ийкеп койдум. * * * Кобб мырзанын юридикалык фирмасы Лондондун батыш бөлүгүндөгү Ардактуу Линкольнс-Инн коомунда, тарыхый төрт Инндердин биринде экен, ал жерде лондондук барристерлер окуп жана өздөрүнүн офистерин ачышкан. Соттук Инндер[6] өзүнүн кенен залдары, кичинекей чиркөөлөрү, кенен китепканалары, кам көрүлгөн бактары, ошондой эле Лондондун престиждүү районунан бир канча акр жерди ээлеген барристерлердин жеке кабинеттери менен Англиянын Оксбридж[7] сыяктуу эски калдыктарынын бири болчу. Кабыл алуу бөлмөсүндө жарым сааттай күтүшүмө туура келди, ошентип акырында Кобб мырза өзүнүн кабинетинин эшигинде пайда болду: — Мени Олд-Холлго чейин коштоп баргыңыз келеби? — деп сурады. Анан ошол замат эле, менин жообумду күтпөстөн, коридордо алдыга карай кадам таштады. Ага жетип алыш үчүн, ордумдан козголдум. Олд-Холл дегени — шыбы бийик, кенен зал экен, анын бийиктиги болжол менен отуз метрдей жана кенендиги он метрдей чыгат. Анын катуу тактайдан жасалган полу, менин билишимче, көптөгөн жүз жылдар бою традициялык майрамдарды да, соттук талаш-тартыштарды да башынан өткөргөндөй. Эми болсо Олд-Холлду көбүнчө дискуссиялык зал же болбосо окуу классы катарында колдонуп жатышыптыр. Биз ичкери киргенибизде мен ал жерде алды-артты карай жайбаракат кадам таштап, маектешип жаткан бир канча барристерлерди көрдүм. Колун артына алып, залда башкалар менен биргеликте басып жүргөндөн кийин, Кобб мырза колун жаңсап, менин өзүнө кошулушумду сунуш кылды. — Мен сизге бир канча суроо бергим келип жатат, жигит. Анан мен сиздин ал суроолорго мүмкүн болушунча жакшы жооп беришиңизди каалаар элем. Ушундай кылсаңыз, мен сизди сиздин изилдөөлөрүңүзгө карата туура багытка сала алам деп үмүттөнөм. Макулсузбу? Мен баш ийкеп жооп бердим. — Демек мындай, мага айтыңызчы, сиз Ыйык Китепти кандайча мүнөздөп бере алмаксыз? Менин суроом анын бүткүл адамзат үчүн, машайакчылык үчүн, жана ушул сыяктуу нерселер үчүн эмнени билдире турганына тиешелүү эмес. Мен болгону так сөздүк мүнөздөмөнү сурап жатам. — Бул китеп. Аталышы biblia деген латын сөзүнөн алынган, ал өз кезегинде гректин «түрмөк кагаз» деген сөзүнө барып такалат. — Эң сонун. Сиз ал жөнүндө дагы эмнени айта аласыз? — Анан дагы…Чындыгында бул бир эле китептен турбайт. Бул ар түрдүү авторлордун кол жазма тексттеринин чогултулганы, аны алар көптөгөн кылымдар бою жазышкан. Бир күнү жыйындык иерархиянын чоң «шишкалары» чогулуп, өз ара бул көптөгөн манускрипттердин баарын бир китепке чогултуунун мааниси бар экенин чечишкен. Бул нерсе болжол менен төртүнчү же бешинчи кылымда болгон. Кобб мырза менин сыйлабай сүйлөгөн үнүмдү байкабагандай сезилди: — А сиз бизге чейин, бул кылымдар аралыгында жогоруда айтылган китептин канча көчүрмөсү же канча бөлүгү жетип келгенин билесиз? Мен жаман ниетти сездим: — Жок, мырза, мага бул белгисиз. — Азыркы учурда алардын саны жыйырма эки миңден ашты, муну менен кошо тынбай жаңы ачылыштар ачылып жатат. — Кобб мырза мага көңүл буруп карады. — Бирок, менимче, бул нерсе сизге таасир калтырган жок окшойт. — Таасир этиш керек болчу деп эсептейсизби? — Чындыгында, ооба. Антикалык тексттерди изилдөө жөнүндө сөз болгондо, биздин кол астыбызда көчүрмө канчалык көп болсо, оригиналдуу тексттин мазмунун калыбына келтирүү ошончолук ишенимдүү болот. Текст — кайсы-бир окуянын анык күбөсү. Эгерде бир эле күбө болсо, көрсөтмөгө ар түрдүү жаңылыштык: ашырып жиберүү, жеке кызыкчылык… жашырынып кирип алуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууга болбой калат, акыр-аягында адам кайсы-бир нерсени унутуп коюшу мүмкүн, а жыйынтыгында бүтүндөй картина бурмаланып кетет. Башка жагынан алганда, эгерде ошол окуянын көптөгөн күбөлөрү болсо жана алар негизги учурларга макул болушса, анда алардын баары бирдей туура эмес экени канчалык туура? — Менимче, ишенимдүүлүгү аз. — Так ушундай. — Бирок мени бул окуяда көбүнчө окуянын өзү менен аны сүрөттөгөн убакыттын аралыгы тынчсыздандырат — эгерде кааласаңыз, окуянын тарыхый ишенимдүүлүгү. Окуяны көргөн адамдын күбөлөндүрүүсү менен биз бүгүн окуп жаткан нерсенин бир эле нерсе экенин кайдан билебиз? Кобб мырза башын ийкеди: — Толук түшүнүктүү каршылык. Ошондуктан келиңиз, ошол нерсеге кайрылабыз. Каалагандай тарыхый документтин тактыгын жана ишенимдүүлүгүн аныкташ үчүн сиз кайсы критерийди тандап алмаксыз? — Аныкташ үчүнбү? — Ооба, аныкташ үчүн. Жаап-жашырбастан ачык сүйлөшөлү: мисал үчүн, «Илиаданын» же Геродоттун «Тарыхынын» ишенимдүүлүгүн кантип аныктай алабыз? Биздин азыркы учурда колубузда бар болгон нерсе да — ошол эле көчүрмөлөр. Ал убакытта биз залдын бир четине жетип калган элек. Кобб мырза сөз учугун жоготпостон, карама-каршы багытка кадам шилтеди: — Эгерде уруксат берсеңиз, мен өзүмдүн суроомду башкача түрдө берейин. Платондун сочинениелеринин канча көчүрмөсү жыйырманчы кылымга чейин жетип келгени сизге белгилүүбү? — Мен муну билбеймин, бирок сиз аны азыр мага айтып берериңизге толугу менен үмүттөнүп турам. Мен Кобб мырзанын көзүнөн ачуу учкунду көрдүм. — Болгону жети көчүрмө. — Жети көчүрмөбү? Болгону эле ушулбу? — Эң байыркы көчүрмөсү болжол менен б. з. 900 жылдарына барып такалат. А бул болсо Платон өлгөндөн кийин бир миң эки жүз жыл өткөндөн кийинки мезгилди билдирет. Философтун өлүмү менен сакталып калган жападан-жалгыз көчүрмөнү бөлүп турган убакыттын ошончо узак аралыгын эске алганда, кимдир-бирөөдө Платондун өзү автор болгону шектенүүнү жаратышы мүмкүн экендигин элестетип көрүү кыйынга турбайт. Же болбосо, ошончолукка барган болсо, анын бул дүйнөдө жашап өткөнүнө деле ишенүү кыйын! — деп кыйкырып жиберди Кобб мырза, анан кашын бийик көтөрүп мага карады: — Бирок, мен бул мисалды куру бекер эле келтирдимби? Балким, сиз Платон — ойдон чыгарылган каарман деген көз карашты карманат чыгарсыз? — Менби? — Кобб мырзанын сөздөрү мени шаштырып салды. Кобб мырза башын ийкеди. — Платон… — деп баштадым мен, жөтөлүп. — Жок, анын бул дүйнөдө жашаганы анык. Ал тургай муну кимдир-бирөөнүн талашкысы келгенин деле уккан эмесмин. Сиз ушундай нерсени уктуңуз беле? — Менимче, ар түрдүү суроо боюнча талашып-тартышкысы келгендер дайыма табыла берет. Бирок баары бир Платон — анын чыныгы аты Аристокл болгонуна карабастан, реалдуу адам болгонун коркпой эле айтууга болот. — Мен муну билген эмесмин. — Же болбосо, эгерде сиз каршы болбосоңуз, антикалык доордун башка бир жазуучусуна карап көрөлү. — Кимге? — Билбей турам… Юлий Цезарды алып көрсөк кантет? — «Келдим, көрдүм, жеңдим», — тамашалап көрдүм мен. — Так ошол! — деп башын кыймылдатты Кобб мырза. — Бул фразаны грек тарыхчысы Плутарх Цезардан көчүрүп алган. Тарыхчы өзү, албетте, бул белгилүү сөздөрдү уккан эмес, анткени Цезарь тууралуу жүз жылдан ашуун убактан кийин жазган. Дал ушул нерсени чындыкты юридикалык-тарыхый далилдер менен далилдөөнүн үлгүсү катары эсептесе болот. Ал манжалары менен ээгин кыймылдата баштады. — Бул фраза, эгерде жаңылышпасам, Цезарь римдик Сенаттын алдында Понтиялык Фарнат II ни таң калыштуу тездик менен жеңип келгенин сүрөттөп берген учурда айтылган, ал мезгил б. з. ч. 47 жылдар болгон. Мен өзүмдөн өзүм эле Кобб мырзага тигилип калдым. Мындай нерсе кантип мүмкүн болсун — ар түрдүү нерсенин баары жөнүндө ушунча көптү билеби? Бул учурда биз эки барристер менен тең келип калдык, алар бизге карама-каршы багытта келе жаткан болчу. «Кобб», — деди алардын бою узун бирөөсү, сылык-сыпаа баш ийкеп. «Уитэкр», — Кобб мырза да ага жооп иретинде ошончо сылыктык менен башын ийкеп койду. Кайсы-бир убакыт бою биз унчукпай басып келе жаттык. Акыры Кобб мырза мага бурулуп: — Биз эмне жөнүндө сүйлөшүп жаттык эле, жигит? — Сиз Юлий Цезарь жөнүндө айта баштаган элеңиз. Анын жазуучу болгону тууралуу. Эч качан мындай ойлобоптурмун! Аны дайыма аскер башчы болгон деп ойлоп жүрүптүрмүн. — Аа, ооба! Албетте, ал аскер башчы болгон, бирок жазуучу да болчу, ал «Галл согушу жөнүндөгү жазуулар» деген чыгарманын автору, бул чыгарма б.з.ч. 58 жана 50-жылдар аралыгында жазылган. Абдан кызыктуу чыгарма — окуп чыгышыңызды көшөрүп суранам. Ошого карабастан кээ бир учурларын көңүлгө алганда, сиз ошол жерде да анын аныктыгынан шектенишиңиз мүмкүн. — Атап айтканда, кайсыларын? — Манускрипттин асыл нускасы өзү он көчүрмөгө негизделет, алардын эң байыркысы болжол менен Цезарь өлгөндөн миң жылдан кийин табылган. Ошондой эле узундугу миң жылга барган аралык римдик тарыхчы Тациттин эмгектерине да тиешелүү. А Аристотелге жана анын сочинениелеринин байыркы көчүрмөлөрүнө келе турган болсок, анда бул жерде биз анын өлүмү менен эң алгачкы белгилүү болгон көчүрмөлөрүнүн арасындагы бир миң төрт жүз жыл аралыкты көрөбүз. Бирок мен темадан четтеп кеттим. Сиз байыркы өтмүштөгү бул адамдардын, же болбосо алардын китеби реалдуу фактыларга негизделгени тууралуу талашып-тартышкыңыз эмес, а машайакчылыктын аныктыгын жокко чыгаргыңыз келип жатат да. — Ошого карабастан, Кобб мырза, оюңузду аягына чыгышыңызды суранам. — Менин оюмду… Аа, ооба — менин оюмду! — Кобб мырзанын жаактары андан бетер кызара түштү. — Жаңы Осуятты башка байыркы тексттер менен салыштырганда, биз анча чачыранды болбогон жана бүгүн биздин колубузда бар ошол антикалык манускрипттердин баарына караганда көп санда болгон, жакшы сакталган документтер менен иш алып барабыз. Алар көптөгөн жүз жылдарга жакын биринчи булакка бир кыйла жакын болгонун айтпаганда. Бул көчүрмөлөр ушунчалык көп санда болгондуктан, — эсиңизде болсо, мен алардын саны жыйырма миңден ашуун деп эскертип өттүм эле, — алардын тактыгы ар тараптуу текшерүүгө алынат. Жок, жигит. Эгерде сынчылар Ыйык Китептин аныктыгына жана ишенимдүүлүгүнө шектенгиси келсе, анын ичинде Жаңы Осуятка да, анда алар бизге антикалык доордон жетип келген ар бир жазуу түрүндөгү документтин ишенимдүүлүгүнөн да баш тартышына туура келет. Анан да антикалык документтерден гана эместигин айтып коюшум керек. А сиз ушуга барганга даярсызбы? Мен жооп берерден мурда, Кобб мырза кошумчалады: — Эгерде предметке алдын-ала атайылап киришпеген болсо, дал ушул нерсе бардык шектенүүлөрдөн сырткары, анан да жогоруда айтылгандардын баарынан логикалык тыянак чыгарууга болот. — Моюнга алып айтышым керек, менин изилдөөлөрүмдүн баштапкы чекити Ыйса чынында эле болгонбу дегенди түшүнүүгө умтулуудан башталган, — дедим мен. — Мен баары бир ушул көз ирмемге кайтып келгим келет. Ооба, Ал тууралуу Плиний, ошондой эле Тацит сыяктуу тарыхчылар жазып кетишкен, аларды болсо машайакчылыктын достору деп атоого таптакыр мүмкүн эмес. Макул, Ал жашаган деп коелу. Ошондой эле биз бүгүнкү күндө окуп жүргөн Ыйык Китептин асыл нуска экендигин моюнга алышым үчүн ишенимдүү далилдерди келтирдиңиз. Бирок кандайынан айландырып карасаң деле, баары бир Ыйык Китепте көзгө дароо уруна калган көп нерсе бар, эгерде ойлонуп көрсөң — бул логикага жатабы же болбосо мүмкүнбү? — Менин билишимче, сиз кереметтер тууралуу айтып жатсаңыз керек. — Аларды ошондой атап койсо деле болот. — Ыйсанын суу үстүндө басканы, өлгөн адамды тирилткени… — Ушул жана башка көптөгөн нерселер. Мен эмне үчүн мунун баарына ишенишим керек? — Сиз Кудайга болгон ишенимден көз каранды болбостон деп айткыңыз келип жатабы? — Эмне дейин, уруксат бериңиз, эми мен сизге суроо берейин, Кобб мырза. — Сиз, албетте, өтө билимдүү адамсыз. Ыйык Китептеги кереметтердин чынында эле болгонуна сиз өзүңүз ишенесизби? — Ооба, ишенем, — деп гана жооп берип койду. Дагы бир канча убакыт бою биз унчукпастан басып жүрдүк. Жымжырттыкты полдун акырын кычыраганы гана бузуп жатты. Мага терезенин арт жагында жамгырдын башталганы жана залдагы башка барристерлердин акырын маектешкен үнү угулду. Күтүүсүздөн Уизерспун айым эсиме түшө калды, анын мага жардам бере ала турган адамды биле турганын эскерткени. Мен ошондо акыры өзүмө окшогон скептикти, союздашты таптым деп ойлогон болчумун. Бирок, бул нерсенин Кобб мырзага таптакыр тиешеси жок экени айдан-ачык болду. Бирок баары бир ал ойчул адам жана олуттуу билими бар. Мен муну менен эсептеше албай койгон жокмун. — Мм, эгерде… — Мен сизди угуп жатам, жигит. Эмне айткыңыз келип жатканын айта бериңиз. — Муну сөз менен кантип айтуу керектигин деле билбей турам… Бирок, эгерде баштапкы жыйын биле туруп Машайактын айланасында мифологияны жараткан болсочу? Партиялык линияны деп койсокпу? Сыягы, менин сөздөрүм Кобб мырзанын кызыгуусун козгоп койду окшойт: — Уланта бериңиз! — Эгерде Ыйса Өзү эч качан кудайлык статусту талап кылбаган, а жөн гана жакшы адам болгон болсочу? Ал дүйнөгө тынчтыкты орноткон болсо, а машайактык динди болсо, Ыйсаны элдер табына ала турган Кудайга айландырып алуу менен көпчүлүктү башкарыш үчүн жаратышкан болсочу. Өзгөчө, император Константин машайакчылыкка кайрылганда, анан анын жыйынтыгы катарында, Рим империясындагы ар бир адамды күч менен жаңы ишенимге кайрылууга мажбур кылган болсочу. — Ошентип, сиз Ыйсанын кудайлык табиятка ээ экендигине жана кереметтерди жасаганына караганда, ушул теорияга ишенгиңиз келип турат. — Эгер чынын айта турган болсом, ооба, мырза. — Эмне демекчимин, өзүнө да, башкаларга да чынын айтуу — жакшы нерсе. Эми мен кызый баштадым: — Кайрадан эле, сиздин Жаңы Осуяттын кол жазма тексттери жөнүндөгү сөздөрүңүзгө кайтып келе турган болсок — муну чындыгында эмне далилдеп турат? Көчүрмөчүлөрдүн жыйын сактап калган ошол официалдуу версиянын изи менен барышканын тана албайм. Балким, таптакыр башка дүйнөдөгү окуяларды билдирген баштапкы версиялары бурмаланып же жок болуп кеткендир, анан акыр-аягында унутулуп калгандыр. Кобб мырза мага кызыгуу менен карап калды: — Акылдуу далилдер — бирок, үстүртөн. Мен алардын ар бирин жокко чыгара алам, эгерде кааласаңыз. — Сиздин муну кыла алаарыңыздан түк шектенбейм, — деп жооп бердим, өзүмдөгү кайнап жаткан кыжырданууну жашырганга аракет кылып. — Бирок баары бир алгач сизге бир жекече суроону бергенге уруксат этиңиз. — Бериңиз. — Сиз жалган үчүн жашооңузду курмандыкка чалат белеңиз? — Эмне? Кобб мырза суроосун кайталады: — Жалган нерсе үчүн жашооңузду курмандыкка чалганга даярсызбы? — Жок, дегеле мындай ойго жол бербейм. — Бирок Ыйсанын биринчи шакирттери өзүн-өзү курмандык кылганга даяр болушкан. Бир көз ирмем ичинде мен кокусунан эле бардык аргументтеримди жоготуп алдым: — Мындай суроого жооп табууга мүмкүн экенин элестете албайм. Сиз кайрадан эле дээрлик эки миң жыл мурда болуп өткөн нерсени талкуулап жатасыз. Кобб мырза башын эңкейтип алып, басканын уланта берди. — Сиз экөөбүз алгач тарых эмне үчүн мындай экенине аныктама берип алдык — бул күбөлөндүрүүгө негизделген өтмүш жөнүндөгү билимибиздин негизи болчу. Бул учурда болсо, элчилердин жана Машайактын алгачкы жолдоочуларынын жашоосу кандай болгону жөнүндөгү күбөлөндүрүү өз ырастоосун тапты. Алар куугунтуктарды, кыйноолорду жана азаптарды дал ошол Машайактын кудайлыгына жана Анын Тирилүүсүнө ишенгени үчүн, даярдык менен кабыл алышкан. Алар чын жүрөк менен ишенген нерсесинен баш тарткысы келген эмес. — Адепсиз болуп көрүнгүм келбейт, мырза… — Сизди угуп жатам, жигит. — Чын жүрөгү менен ишенген нерсеси үчүн өз жашоосун берген адамдар аз беле? Бирок бул эмнени далилдей алат? Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы пилот-камикадзелер сыяктуу эле кеп да. — Мен сизди түшүндүм. — Кобб мырзанын каштары шамалга кыймылдап жаткан эки байрак сыяктуу болуп, өйдө көтөрүлүп, кайра түштү. — Бирок эми сиз мага жооп бериңиз: өмүрүңүздү кайсы-бир жалган нерсе үчүн берип жатканыңызды так биле туруп, өлгөнгө макул болосузбу? Ал нерсенин алдамчылык, уятсыз жалган экенинен түк шектенбей турган болсоңуз? Кобб мырза менин жооп береримди күткөн жок: — Ыйса колго түшүп, айкаш жыгачка кадалганда, анын шакирттеринин баары качып кетип, жашынып калышкан. Алар өз өмүрү үчүн коркушкан. Алардын сүйүктүү Мессиясы куткаруучу эмес экендей сезилген. Тескерисинче, Ал айкаш жыгачта азап тартып өлгөндө, алар ушунчалык таянган кыялдары да миң бөлүккө бөлүнүп кеткен. Ошентип, бир канча күн өттү, анан күтүлбөгөн нерсе болду — аны менен кошо эбегейсиз чоң нерсе: көз ачып-жумганча мурунку коркоктор баатыр болуп чыга келишти. Алар жашырынбастан, коомдук жайларда пайда болушат. Ыйсаны кармап, айкаш жыгачка кадагандардын көз алдында жүрүшөт, алар Иерусалимде тирилген Теңир жөнүндө жар салышат. Аларга унчукпай калууга жана чыкпаганга буйрук кылышат. Бирок алар буйрукка моюн сунушкан эмес. Ошондо аларды түрмөгө камап, Анын атын жар салууга тыюу салышты. Бирок алар адамдарга эмес, Кудайга баш ийүүнү артык көрүштү. Жыйынтыгында, аларды урушту жана камчыга алышты. Кээ бирлерин таш бараңга алышты жана айкаш жыгачка кадап салышты. Башкаларынын болсо башын алды. Бирок эч ким жана бул дүйнөдөгү эч нерсе алардын өз көздөрү менен көрүп, өз кулагы менен уккандары тууралуу насаат айтышына жана окутуп-үйрөтүшүнө тоскоол боло алган жок. Ошону менен бирге алар сиз менен мага караганда жалган үчүн өлүүгө даяр болушчу. Мен үчүн бул нерсе бир гана нерсени билдирет. Биз залдын ортосунда токтоп калдык. Мен Кобб мырзага карадым жана кокусунан мага ал азыр эсинен танып кала тургандай сезилди. Анын көз карашы типтик алдына багытталып, эриндери болсо титиреп жаткан эле. Анан ал алакандары менен кашын сүрттү да, андан кийин көздөрүн жумуп алды. Мен акырын анын колун кармадым. Ал терең дем алып, андан кийин кайрылды да, менин көздөрүмө карады, анын көздөрү мага жашка толо түшкөндөй сезилди. Бир көз ирмемден кийин, ал эч нерсе болбогон сыяктуу кайрадан кадам таштады, а мен болсо, анын кийинки сөздөрүн угуш үчүн жакыныраак келдим: — Ыйсанан өлүп-тирилип, Өзүнүн жолдоочуларына денеде көрүнгөнүнөн сырткары, Ыйык Китепте алардын кийинки кылган иштери жана алар жашоосунда андан ары кадам таштай алган кайраттуулуктарын түшүндүргөндөн башка жетишерлик кеңири айтылган нерсе жок. Биздин Кобб мырза менен болгон сүйлөшүүбүз уланды, анан маегибиз аягына жакындап калганда, менде биз бир мил аралыкты басып өткөндөй сезим болду. Кеч кирип кетти, акыры биз коштошконубузда зал таптакыр бош калган болчу. * * * Мен Лондондо дагы эки күн Кобб мырза менен убакыт өткөрүшүм керек эле. Ыйса, Ыйык Китеп, антикалык тарых жана машайакчылык жөнүндө маектешип жатып, Олд-Холлдун узундугу менен кеңдигин кадамыбыз менен канча жолу өлчөгөнүбүздү айтып бере албайм. Дубалдарында сакталып келе жаткан илимий маалыматтардын таң калыштуу өлчөмүнө кол тийгизип көрүш үчүн, дагы бир жолу Британдык музейге бардык. Өзүм каалабай туруп, мен бир аздан Жаңы Осуяттын окуя сүрөттөлгөндөн кайсы-бир элүү-алтымыш жыл артта калган алгачкы тексттеринин чын экендигин моюнга ала баштадым. Биздин арабызда эч кандай тыюу салынган тема болгон жок, анан биз бир аздан Ыйсанын Тирилүүсү жөнүндөгү темага токтоло баштадык. Мен Келлога колледжиндеги машайакчылык топтун студенти Оливердин менин алдыма койгон тапшырмасы тууралуу эскерттим: Машайактын өлүп, андан кийин денеде тирилбегенин далилдеп бер, ошондо пайдубалдагы бүтүндөй машайакчылыктын талкаланышына мажбур кылган жараканы табасың. Биз Кобб мырза менен: шакирттер Ыйсаны издеп жүрүшүп, мүрзөнү адаштырып алышкан, анан биринчи эле дуушар болгон бош мүрзөгө туш келип калып, Ал тирилди деген мифти таратып жиберишкен өңдөнгөн «жаңылыш мүрзө» теориясын талкууладык. — Ооба, бул теорияда бир нерсе экинчиси менен дал келбей турганы анык, — деп моюнга алганга мажбур болдум. — Аны жокко чыгарып коюу да опоңой: өлүк денени чыныгы мүрзөдөн алып коюп, ошону менен бардык ушактарды басып коюуга болор эле. Менин көз карашым боюнча, сектаны басып койгонго мажбурлоону каалагандар да ушундай кылышы мүмкүн эле. Андан кийин биз «галлюцинация теориясын» карап чыктык, анын жактоочулары Ыйсанын Тирилүүдөн кийинки көрүнгөн денеси иллюзия же галлюцинация болгон деп ырасташат. Кобб мырза экөөбүз бул теориядан негиздүү түрдө өттүк: ооба, эгерде галлюцинациянын таасири астына бир-эки эле адам кабылган болсо, анда аны кабыл алынарлык деп эсептөөгө болор эле. Бирок кантип апостол Пабыл эскертип кеткен, болуп өткөн окуяны бир убакта көргөн беш жүздөн ашык адам галлюцинацияга кабылып калсын? Аны денеде же галлюцинацияда көргөнүн таптакыр ырастабаган Ыйсанын жолдоочулары жөнүндө эмне дейбиз! Жок, галлюцинация теориясын ишенимдүү аргумент деп эсептөөгө болбос эле. Көбүнчө ал алсыз курулай шылтоого окшош эле. Биз ошондой эле «эсинен тануу» теориясына болгон бардык макул менен каршыларды талкуулап чыктык, аны Карл Фридрих Барт деген немец теологу ойлоп чыккан болчу. Бул теорияга ылайык, Ыйса айкаш жыгачта өлгөн эмес, а болгону эсинен танып калган, андан кийин болсо, мүрзөдө өзүнө келген. Бирок Кобб мырза дароо эле бул теориянын да сазайын колуна берди: — Ыйса чындыгында эле римдик камчылап-сабоодон жана анын артынан болгон айкаш жыгачка кадоодон кийин тирүү калды деп элестетип көрөлү. Мындай учурда Анын көрүнүшү ошончолук азаптанган жана аянычтуу абалда болушу керек болчу, анан Ал шакирттери өзүнүн тирилген Куткаруучусун тосуп алганда урматтоо менен калтырап-титирөөнү сезе алмак эмес! Андан кийин «уурдалган дене», «алмаштырылган дене», ошондой эле «имитация теориясы» деген теориялардын кезеги келди, анда машайакчылыктын негизги түркүгү грек-рим мистериясынан өздөштүрүлүп алынганы айтылат. Биз бул теориялардын ар биринин кемчиликтерин изилдеп чыктык, кылдаттык менен түзөдүк. Албетте, бул нерсе менин Машайактын Тирилүүсүн тарыхый факты катары кабыл алганымды билдирбейт болчу. Мен ага ишенишим үчүн, ал мага мурдагыдай эле чындыкка окшобогон, мүмкүн эместей сезилип жатты! Акыры биз Тирилүү жөнүндөгү дискуссияны кайсы-бир убакытка калтырып турууну чечтик жана Ыйса Өзүнүн жер бетинде жашаган жашоосунун мезгилинде кандай адам болгону жөнүндөгү суроону изилдегенге өттүк. Ал Будда, Конфуций жа Лао-Цзы сыяктуу эле адептүүлүктүн улуу окутуучусу болгонбу? Алар дагы Ыйса сыяктуу эле адеп-ахлактык сапаттарга ээ болгону шексиз. Эгерде биздин заманга чейин Анын Тоодогу насаатта айтылган сөздөрү эле жетип келгенде да, анда Ал жогору эле болбосо, аз дегенде алар менен тепетең болуп калмак. Бирок Ыйса Өзү жөнүндө адептүүлүктүн окутуучусумун деп айткан эмес. Ыйса Өзү тууралуу Кудай сыяктуу айткан. Кобб мырза мени К. С. Льюистин сочинениялары менен тааныштырды, ал да өз мезгилинде агностик болгону кызыктуу. Бирок Кобб мырза «Жөн гана машайакчылык» деген китептеги Льюис өзү өзүнүн ишенимдеринин бурулган учуру жөнүндө жазган жерин көрсөттү: Мен муну көбүнчө Ал жөнүндө угуп жүргөн акмакчылыктарды: мен Ыйсаны адеп-ахлактуулуктун улуу окутуучусу катары кабыл алганга даярмын, бирок Ал Өзүн — Кудаймын деген сөзүн кабыл албайм дешкендер кайталабашы үчүн жазып жатам. Дал ушул нерсени айтпай эле коюш керек. Эгерде адам жөн гана адам боло туруп, Машайактын айткандарынын баарын айтса — ал адеп-ахлактуулуктун улуу окутуучусу! Же болбосо ал жан дүйнөсү оорулуу (адам өзүн чала бышкан жумурткамын деп айткан стадияда болот), же ал нак шайтан. Кайсы жагынан айландырып карабайлы, биз сиз экөөбүз тандоо алдында калабыз: же бул адам Кудайдын Уулу — же ал акылсыз, андан да жаман.[8] Биздин дискуссиябыз уланды, ал таптакыр аягына чыкпай тургандай сезилди. Бардык нерсе үчүн менде каршылык табылып жатты. Кобб мырза келтирген ар бир «фактыга», ар бир далилге мен шектенүү менен, каршы чыгуу менен, суроо менен жооп берип жаттым. Анан, акыры келип менин Лондонду калтырып кете турган убакытым келгенде, биз экөөбүз тең жеңилдей түшүп дем алдык окшойт. Мен Линкольнс-Инндин кооз, жакшы каралган багы менен биротоло коштошуш үчүн келдим. — Кембриджден кийин кайда барганы жатасыз? — деп сурады менден Кобб мырза. — Менимче, Оксфордго барсам керек. Кобб мырза башын ийкеди: — Ооба, Оксфордго барганга татыйт. Андан кийин мен сизге түндүккө, Манчестерге, барууну сунуш кылаар элем. Джон Райланддын университетинен сиз Жакан жазган Жакшы Кабардын фрагменттерин көрө аласыз. — Ошондой кылам, мырза. Кобб мырза ыраазы боло башын ийкеди да, пиджагынын чөнтөгүнөн конвертти сууруп чыкты: — Бул жерде менин жакшы европалык эки досумдун: Гейдельбергдеги доктор Зауэрдин жана Женевадагы профессор Цендердин аттары жана даректери жазылган. — Чоң рахмат, мырза! — Мен аларга телефон чалып, сиздин аларга баргыңыз келип калышы мүмкүн экенин эскертип койдум. Алар археология жана лингвистика жаатындагы кадыр-барктуу адамдар. Экөөсү тең англис тилинде сүйлөшөт. Кайсы-бир убакыт бою биз унчукпай туруп калдык. Жайдын эрте мененки сонун убакыты болчу. Мен колумду сундум: — Мен сизге жардамыңыз үчүн абдан ыраазымын, Кобб мырза. Эми мен сиздин жардамыңыз менен көп нерсе жөнүндө ойлонушум керек. Кобб мырза дароо эле жооп бере койгон жок: — Сизди кайсы-бир нерсеге ишендире алганымды деле билбей турам. Кааласаңыз ишениңиз, каалабасаңыз жок, менин негизги максатым сиз баарын өзүңүз талкуулап көрүшүңүз болду, ошону менен бирге эле алдын-ала атайын даярданып албастан. Мен жооп иретинде башымды ийкедим: — Менде шектенүү деле жок. Анын үстүнө сиз мага ошончо көңүлдү бурдуңуз, — сиздин ар бир жумуш убакытыңыз үчүн акы төлөбөгөнүм кандай бакыт! Кобб мырза жооп иретинде каткырып күлдү. Акыры биз бири-бирибиз менен кол алыштык, анан мен коштоштум. Аны акыркы жолу көрүп алыш үчүн артка бурулуп караганымда, мен Кобб мырзанын кооз чай розасына эңкейип, анын жыпар жытына ыракаттанып турганын көрдүм. Мен жылмайдым да, арткы дарбаза менен чыгып кеттим. А бир канча мүнөттөн кийин, Холборн-стриттеги элдин айлампасына аралашып кеттим. Ооба, мени Кобб мырза камсыз кылган бай маалымат дагы көпкө жетиши керек. Бирок мага Кобб мырза ынталуулук менен бөлүшкөн билимдердин көлөмү өзгөчө таасир калтырган жок. Ал өзү мени көбүрөөк таң калтырды. Жок, ал мени Кудайга болгон ишенимге бура алган жок. Бирок эгерде бир күн келип, баары бир ушундай чечимди кабыл ала турган болсом, анда мен өзүмдүн көз карашымды Кобб мырзага бир аз окшоп, күч жана баатырдык менен айткым келсе керек эле. Лондондук жер астындагы жолго түшүп бара жатып, өзүмдөн мени алдыда дагы кандай окуялар күтүп турат деп сурандым. Мен саатыма карадым. Кембридж поездине жетишиш үчүн, мен саат 9.30 да Ливерпуль-стритте болушум керек эле. ТОГУЗУНЧУ БӨЛҮМ. САЯКАТ УЛАНАТ Кембридж менен Оксфорддун университеттик китепканаларында жыйынтыгында машайакчы болуп калган скептиктердин сочинениелери менен таанышып чыктым. К. С. Льюистин «Жөн гана машайакчылык» жана «Кереметтер» деген китебине кошумча мен англис жазуучусу Альберт Генри Росса Фрэнк Морисондун 1930-жылы Фрэнк Морисон деген псевдонимдин астында биринчи жолу жарык көргөн «Ташты ким жылдарган» деген китебин окудум. Мени өзгөчө бул китептин Тирилүүнү жокко чыгаруу максаты менен жазылган анча чоң эмес очерктен өсүп чыкканы кызыктырды. «Бул мага абдан тааныш», — дедим өзүмө Оксфорддогу Бодлиандык китепкананын окуу залында отургучка ыңгайлуу отуруп алып. Китеп жакшы жазылган экен жана окуу шыр кетти. Мага Морисондун: «Апостолдук Ишеним Символунда: “Анан үчүнчү күнү тирилди” деп айтылган сүйлөмү үчүн, — бул пункттун айланасында кандай гана дискуссия жүргүзүлбөсүн, автор өзү айткандай, терең жана ишенимдүү тарыхый негиз бар»[9], — деген жыйынтыгы өзгөчө таң калтырды. Морисондун китеби менин көңүлүмдү ээлеп алды. Мен окумуштуулук кадыр-баркы менен каалабай турсам да, бирок кабыл алышка туура келген — мисал үчүн, лорд Литтлтон жана Гилберт Уэст сыяктуу авторлордун сочиненияларын биринин артынан бирин сөзмө-сөз жаттап алдым. Ал экөө тең Оксфорддо 1740-жылдардагы профессорлор болушкан жана экөө тең машайакчылык — бул «сезим өлчөмүн жоготуп койгон жомок» деген көз карашты тутунушкан. Бул мифти биротоло жана түбөлүккө жок кылыш үчүн, алар жумушка биргелешип киришүүнү чечишкен. Литтлтон өз күчүн тарстык Шабылдын таптакыр машайакчылыкка кайрылбаганын далилдөөгө жумшаган, ошол эле учурда Уэст Машайактын Тирилүүсүнүн жалган экендигин далилдөөгө киришкен. Канча-бир убакыт өткөндөн кийин, алар өзүнүн табылгаларын салыштырыш үчүн жолугушушкан. Алардын ар бири карама-каршы бүтүмгө келгенин көрүшкөндө, канчалык таң калышкан! Ошондон кийин алар экөө тең Машайактын ишенимдүү жолдоочуларынан болуп калышкан. Лорд Литтлтонго төмөнкү сөздөр тиешелүү: «Ыйык Пабылдын бир эле кайрылуусу жана элчилиги акыл-калчап караган кишиге машайакчылык — бул Кудай берген Ачылыш экенинин жеткиликтүү далили болуп кызмат кыла алат».[10] Менин көңүлүмдү өзүнө бурган дагы бир оксфорддук профессор Томас Арнольд болду, ал — «Римдин тарыхы» деген көп томдук белгилүү чыгарманын автору. Өтмүштө тарых факультетинин деканы болгон көптөн берки скептик акыркы жыйынтыгында төмөнкүдөй таң калыштуу моюнга алууга туш болгон: Мен көп жылдан бери байыркы тарыхты изилдеп жатам, байыркы мезгилдеги окуяларды жазгандардын күбөлөндүрүүсүнүн аныктыгын изилдеп жана таразалап көрдүм. Анан адамзаттын тарыхында Кудай бизге айкаш жыгачтагы өлүм жана Машайактын Тирилүүсү аркылуу бере турган улуу белгиден өткөн, мүмкүн болгон бүтүндөй толуктук менен далилденген жана негизделген башка фактыны билген жокмун…[11] Акырында, мен доктор Саймон Гринлифтин, Гарвард университетинин ардактуу укук профессору жана машайакчылыктын белгилүү каршылашынын, жашоосун жана сочиненияларын көңүл коюп өздөштүрдүм. Жыйырманчы кылым ичинде анын америкалык юриспруденциянын классикасына айланган «Далилдөөчү укук жөнүндө трактат» (A Treatise on the Law of Evidence) аттуу үч томдугу бардык юрист-студенттердин дайыма колдончу китеби болуп кала берген. Барып турган мыкты лектор, доктор Гринлиф өзүнүн лекциялары учурунда көп жолу машайакчылыктын үстүнөн күлгөн. Бирок бир жолу анын студенттеринин бири профессорго профессор өзү иштеп чыккан колдо бар далилдердин мыйзамдарын Машайактын Тирилүүсүнө карата колдонуп көрүүнү сунуш кылат. Узак убакытка созулган көз караштардан кийин, Гринлиф бул тапшырмага киришет, акыркы жыйынтыкта жөнөкөй аталыштагы китепти жазат: «Соттук мекемелерде колдонулган далилдөө укуктарынын нормаларына ылайык төрт жакшы кабарчынын күбөлөндүрүүлөрүн изилдөө». Өзүндө болгон бардык маалыматтардын негизинде толук изилдөөнү жүргүзүү менен Гринлиф фактылар, эгерде алар жөнүндө алдын-ала атайылап териштирбеген болсо, өзүн өзү айтып турат деген жыйынтыкка келген. Ал: «Эгерде Ыйса чын эле өлүп-тирилбегенде, элчилер ошончолук туруктуу болуп, өздөрү айткан нерсенин чындык экенин кашайып ырастап туруп алышмак эмес», — деп жазган.[12] «Мунун баары, албетте, жакшы — деп ойлодум, өзүмдүн блокнотума белги коюп жана китепти четке жылдырып жатып. — Доктор Гринлиф улуу ойчул болгонунан эч ким шектенбейт. Бирок ал же башка эле бир адам акыркы инстанциядагы чындык дал ага белгилүү экенин кантип ырастай алат?» Мен тамактанып алыш үчүн китепканадагы кафетерияга түштүм, анан 1455-жылдагы Гуттенбергдин Ыйык Китеби коюлган витринанын жанынан өтүп кеттим. Мага латын тилинде жазылган текст түшүнүксүз болчу, бирок баары бир мен анын барактарынан көзүмдү ала алган жокмун. Менин башымдагы суроолор чымын-куюн болуп жатты. Чындык деген деги эмне? Аны табууга болобу? Кембридж менен Оксфорддо беш күн өткөргөндөн кийин, жүз жыйырма беш мил түндүгүрөөктөгү Манчестерге поезд менен жөнөп калдым. Мен дагы бир убаданы аткарышым керек болчу. Манчестерге жетерим менен, биринчи болуп Джон Райланддын китепканасы жайгашкан Оксфорд-стритке кантип жетип алууга болорун сураштырдым. Китепкананын сакчысы абдан кичи пейил адам экен, мага Кобб мырза көрүүнү сунуш кылган Жакан жазган Жакшы Кабардын фрагменти коюлган ошол айнек витринага жеткирип коюуну сунуш кылды. Экинчи кылымдын башына туура келген бул фрагмент өзүнө «Ыйса сүйгөн шакирт» элчи Жакан жазган сөздөрдү камтыган болчу (Жкн. 21:7). Грек тилинде жазылган тексттин жанында анын котормосу да бар болчу: Мен чындык жөнүндө күбөлөндүрүү үчүн төрөлгөм жана ошол үчүн бул дүйнөгө келгем. Ким чындык тарапта болсо, ал Менин үнүмдү угат», — деди. Пилат Андан: «Чындык деген эмне?» — деп сурады да, кайра чыгып, элге мындай деди: «Мен Андан эч кандай айып тапкан жокмун». Жкн. 18:37, 38 Бул котормону окуш үчүн болгону бир канча секунд кетти. Бирок бир сааттан ашык убакыт өтсө да, музей жабылышы керек болгон убакыт келип калганда деле, мен ушул айнек витринанын алдында турган элем. Кандайдыр-бир оор жүк менин желкеме орношуп алып, ордумдан карыш жылдырбай кармап тургандай эле. Мени витринага алып келген ошол эле сакчы кайрадан мага келип, чыканагымдан жетелеп, унчукпастан мени чыга бериш жерге алып келип койду. Тамактанып алгандан кийин, калган бир канча саатты Манчестердин көчөлөрүн кезип жүрүп өткөрдүм, менин Тирилүүнү жокко чыгара турган кыжырды келтирүүчү, жада калса уятсыз ниетим жана Келлога колледжиндеги машайакчыларды ордуна тургузуп коюу ниетим мен өзүм элестеткенден алда канча олуттуу экенин ойлоп жаттым. «Ошентип, сен эмнени далилдегенге аракет кылып жатасың?» — үн чыгарып өзүмдөн сурадым, өзүм жашап жаткан студенттик мейманкананы көздөй Ыйык Петирдин аянты аркылуу өтүп бара жатып. Жамгыр жаай баштады жана жеңил туман абалга эң эле сонун көрүнүштү берип турду. Жакамды көтөрдүм да, колумду плаштын чөнтөгүнө тереңирээк салып алдым. Менин ойлорум мени Кичинекей менен ата-энемдин ортосунда болуп өткөн дөбөдөгү кичине үйдү көчүрүп алып кеткендеги оорулуу айрылуудан кийинки кампага жашынып алган учурга алып барды. Ошондо мен Кудайды каргаганмын жана өмүр бою Анын душманы болуп калууга өзүмө сөз бергенмин. Менин үлүшүмө тийген ошол доо кетүүлөрдөн улам мен мындай тыянакка келгенмин: эгерде дүйнөдө кандайдыр-бир Улуу Күч (эгерде мүмкүн болсо, аны Кудай деп атап коюңуз) бар болсо, анда Ал адамдардын азап тартып жатканын көрүп, садисттик ырахат алат. Он бир жашымдан баштап, мен Кудайдын менин жашоомдон орун алуу укугунан баш тартканмын. А жеткилең куракка жеткен мезгилде болсо, Аны менен болгон мамилеси тууралуу айткан ар бир адамды акмак деп эсептөөнү адатка айландырып алганмын. Мен алардын Кудайы менен эч кандай мамиледе болгум келген эмес. Алардын Теңири жана Куткаруучусу мага таптакыр керек эмес болчу. Ушул учурга чейин. Өз үйүмдөн бир канча миңдеген мил алыстыкта, өзүмө-өзүм ээ болгон учурда, мен кокусунан эле кандайдыр-бир жол менен, менин бардык шыктуулугума карабастан, Келлога колледжиндеги машайакчылардын ушул Кудайы мага мурда сезилгенден да реалдуураак экендей сезилип кетти. Бирок андан да күтүүсүз ой болуп, кокусунан Ал мага да кызыгып калган болсочу? — деген ой эсептелди. Мен өз акылымдан адашып бара жаткан жокмунбу? Элчинин сөздөрү менин тынчымды алып, ичимден угула берди: «Ким чындыктан болсо, Менин үнүмдү угат». Балким, мен да ушунча жүз жылдан кийин мени чакыра баштаган Анын үнүн уга баштагандырмын. Мен өзүмдөн күлкүнү сууруп чыгардым: «Ооба, Джош, сен армияда башыңа труба жегенден кийин, сенин мээң кыйшык бойдон калган!» Ошентип, Францияга аттанаар мезгил келди. Балким, менин суроомдун жообу мени ошол жакта күтүп тургандыр. * * * Кийинки күнү мен поезд менен Манчестерден чыгып, «Түнкү паром» — эл аралык уктап кетүүчү поездге Парижге чейин билет сатып алдым, ал поезд ар күнү Виктория деген лондондук вокзалдан жөнөп, он бир сааттан кийин Париждин дал борборундагы Гар-дю-Нор вокзалына жетип келчү. А эрте менентен баштап эле, мен Эйфель мунарасынан анча алыс эмес жердеги Сенанын жээгинде узатасынан жайгашкан Елисей талааларында сейилдеп жүрдүм. Ооба, мен «Париждеги америкалык» болчумун, анан музыкасыз жана кыздарсыз жүрмөк белем. Францияда тогуз күн болдум, Париждин атактуу жерлеринин бирин да өткөрүп жибербегенге аракет кылдым, эки күндү Луврга, бир күндү Версалга жана үч күндү Лиондо өткөрүүгө арнадым, — көрсө, бул шаар өзүнө таң калыштуу, ошону менен бирге эле бири-бирине окшобогон музейлерди баш калкалаттырып алган экен, алар шаардын эң тарыхый борборундагы кооз имараттардан орун алыптыр. Лиондон кийин Швейцариянын француз тилинде сүйлөгөн кооз пейзаждарынын арасынан өткөн темир жол менен саякатка чыктым, ал жерде мени Кобб мырзанын досу профессор Ив Цендер күтүп жаткан болчу. Биз Женева университетинде жолугуштук, ал киши ошол жерде теологиядан сабак берчү экен. Кобб мырза менен болгон сыяктуу эле, биз профессор экөөбүз ар түрдүү темада маек курдук. Бирок баары бир биз болгон жерди жана профессордун өзүнүн илимий кызыгууларынын аймагын эске алганда, биздин маегибиз машайакчылыктын кылымдарга созулган тарыхына гана тиешелүү болгон жок. Мен андан протестанттык Реформалоо жана анын баштоочулары: Мартин Лютер жана Жан Кальвин тууралуу көп нерсени билип алдым. Ошондой эле профессор Цендер мени ыйык китептик текстологияга арнады. Анын жардамы менен мен байыркы текстти критикалык анализдөө өзү менен кошо эмнени алып жүрө турганын жакшы түшүнүп калдым, ал дагы ишенимдүү манускрипттерди таап көрсөткөнгө жана ошол эле убакта текстке кирип калган котормонун жаңылыштыктарын өчүрүп салганга мүмкүнчүлүк берет экен. «Акыркы жыйынтык — бул Ыйык Китеп, биз ага Кудайдын чыныгы Сөзү катары өз ишенимибизди арта алабыз», — деди ал. Ошол учурда ал мени түндүккө, Германияга, жиберген учурда өзүмдүн алдымда дагы бир критикалык ой жүгүрткөн жана аны менен кошо табияттан сырткаркы нерсеге ачык түрдө ишенген окумуштууну көрө турганымды мойнума алышым керек болчу. Гейдельбергде Кобб мырзанын дагы бир досу доктор Генрих Зауэр менен жолугуштум. Бул киши узун, арык, бирин-серин чачы бар жана көк көздүү адам экен. Ал мени ийри-буйру жалгыз аяк жол менен бир канча саат бою жүрүп отуруп, Бардык Ыйыктар тоосунун түштүк жантайышына көтөрүлө турган Philosophenweg («Философтордун жолу») менен бирге чыгууга чакырды, ал жерден бүт Гейдельберг көрүнөт экен. Доктор Зауэр мени башынан баштап эле таң калтырды — ал машайакчылык жана Ыйык Китеп темаларына кайрылган жок. Ал мен жөнүндө көбүрөөк билгиси келди: мен кайсы жердин кулунумун жана жашоодогу максаттарым кандай экенине кызыкты. — Бир күнү юрист болуп чыга келем деп жүрөм, — дедим анын суроолоруна жооп иретинде. — Андан кийин…саясат менен алектенсемби деп жүрөм. — Мен дал ушул тема жөнүндөгү анекдотту билем, — деди доктор Зауэр бетиндеги олуттуу түр менен. — Эмне үчүн адвокат жолдун аркы четине өтүп кетти? — Түшүнүгүм жок. — Жолдун ошол четинде кырсыкка учураш үчүн! — деп жооп берди да, доктор Зауэр катуу үн менен каткырып күлдү. Менин күлбөй турганымды көрүп, ал менин жонумду таптады да: — Бул тамаша! Эмне, сиз түшүнгөн жоксузбу? Мен күлүмсүрөдүм жана башымды ийкедим. Тамашалап койдум да! Доктор Зауэр мени дагы бир жолу таптады, мен ал тургай жөтөлүп жибердим. — Мен түшүндүм, түшүндүм, — деп кыйкырдым, колумду тамашанын белгиси катарында көтөрүп. — Абдан күлкүлүү! — Өтө күлкүлүү, туурабы? — деп кайталады доктор Зауэр. Бирок биз тоонун чокусун карай чыгып бара жатканыбызда, бул адамдын тынч, көңүл бурган мүнөзү толугу менен билинди. Көрсө, доктор Зауэр эң мыкты угуучу экен, анан ошол убакыт ичинде, биз тоого чыгып бара жаткан убакта, мен ага өзүмдүн тынчы жок балалыгым жөнүндө мүмкүн болушунча толугураак айтып бердим. — Алан мага сиздин тарыхыңыздын бул бөлүгү тууралуу айткан эмес, — деди доктор Зауэр, — сиздин — чындыкты издөөчү адам экениңизди гана айткан. — Менимче, бул Кобб мырзага ушундай жекече бөлүктөрдү айтып бербегенимден болсо керек. Мына, сизге айтып жатам, эмне үчүн экенин өзүм деле билбейм. Жооп иретинде доктор Зауэр башын гана ийкеп койду. Биз ал убакытта жолдун отургучтар турган жерине жетип келген элек, анан Эски шаарды да, Неккар дарыясындагы Гейдельберг сарайын да шашпастан карай баштадык. Чыгып келе жаткан күндүн нурларында картина жөн эле укмуштуу көрүнүп жатты. Биз көрүнүшкө суктанып, канча-бир убакыт бою унчукпай отурдук. — Джош, мен сизге бир суроо берсем болобу? — олуттуу үн менен сурады доктор Зауэр. — Сизди угуп жатам, мырза. — Сиз өзүңүздүн Асмандагы Атаны кабыл алууңуз жердеги атаңыз менен болгон ошол оңой эмес мамиленин таасири астында түзүлүп калган эмеспи деп ойлоп көргөн жок белеңиз? Мен дароо эле эмне деп жооп береримди билбей калдым. — Менде Кудайга болгон ишеним бар деп анткорлонгум келбей турат, — деп жооп бердим акыры. — Ыйык Китепте Ал — биздин Атабыз. Биздин асмандагы Атабыз. Ал бизди сүйөт жана кандай болсок, ошондой кабыл алат. — Түшүнүңүз, — мен анткорлукка каршымын. Доктор Зауэр айтканында көшөрүп туруп алган жок. — Мага өзүңүздүн изилдөөлөрүңүз жөнүндө көбүрөөк айтып бериңиз, — деп сөзүн жумшак улантты. — Менин билишимче, бул чындыкты издөөбү? — Бул үчүн мага али алыс, — деп күлдүм мен. — Менимче, мен болгону Кобб мырзанын пикирлеринин артынан ээрчип, артта калбаганга жана анын суроолоруна мүмкүн болушунча жооп тапканга аракет кылып жатам. — А азыр сизди эмне оңтойсуздандырып жатат? Аландын кайсы суроолору сизге кыйынчылыктарды жаратып жатат? Мен ойлонуп калдым. Кайсы-бир мааниден алганда, мен тескери жоопту айтып салышым толугу менен мүмкүн эле. Чындыгында, эми бере турган эч кандай суроо, ала турган эч кандай жооп калган эмес болчу. Кандай болсо да, менин башыма мындай нерсе келген жок. Бирок эмнегедир мен муну айткым келбеди. — Кобб мырза мени көп нерсе тууралуу ойлонтуп койду, — дедим жөн гана. — Кудайга болгон акыркы кадам бир гана ишенимдин кадамы болушу мүмкүн, — деди доктор Зауэр, менден көзүн албай. — Ишеним ишенүүдөн келип чыгат, а ишенүү болсо, сүйүүдөн пайда болот. Кудай — бул сүйүү. — Билесизби, менде ушул кезге чейин Ыйык Китеп жөнүндөгү суроолорум бар, — дедим мен. Биздин маегибиз кайсы багытты көздөй бара жатканынан улам өзүмдү бир аз башкача сездим. — Өзгөчө Жаңы Осуятка байланыштуу. — Алар кандай суроолор? — Мага бир нерсе тынчтык бербей жатат… Азыр биз окуп жаткан менен оригинал — алар чын эле бир нерсеби? — Чынын айта турган болсом, менде мындай шектенүү калган эмес болчу. Мен болгону маегибизди улантканга аракет кылдым. — Башкача айтканда, биз муну кантип биле алабыз, негиз кылып алган бардык нерсебиз — болгону кол жазма көчүрмөлөр болуп жаткан учурда? Доктор Зауэр кайраттуулук менен башын ийкеди: — О, бул нерседе мени сиз тарапта деп эсептей бериңиз! — Сизби? Чын элеби? — Өзүмчө айтканда, ооба. Кеп биз качандыр-бир мезгилде жазылган жана бүт Жаңы Осуятты калыбына келтире турган Жакшы Кабардын бардык көчүрмөлөрүн таштап сала алганыбызда, бирок жыйындын эң байыркы Климент, Игнатий, Поликарп жана башкалар сыяктуу аталарынын сочинениелеринин негизинде жазылган он бир аяттан сырткаркысын. Алардын ар бири өзүнүн оригиналдуу эмгектеринде Жаңы Осуятты кенен-кесири цитатага алат. — Анан алар — өзүм божомолдоп көрүшүмө уруксат этиңиз — биринчи жана экинчи кылымдарда жашашкан. Доктор Зауэр жылмайды: — Эгерде жаңылышпасам, сиздерде, америкалыктарда, мындай учурда: «Бинго!» — деп айтылат. — Ооба, — мен жылмайдым жана жооп иретинде башымды ийкедим. Доктор Зауэрди жактырып калбоо мүмкүн эмес эле. — Ооба, биз мындай учурларда «бинго» деп айтабыз. — Эгерде тоого бийигирээк чыксак, биз Ыйык Михаилдин урандыларын көрөбүз. Карап көргүңүз келеби? — деп сурады доктор Зауэр. — А ал эмне? Сарайбы? — Ал он биринчи кылымдагы монастырь. Эгерде ушул жол менен бара турган болсок, түз эле анын алдынан чыгабыз. Анда жолубузду уланталыбы? — деп сурады ал, ордунан туруп жатып. — «Философтордун жолу», — дедим мен, доктор Зауэрдин артынан ээрчип. — Der Philo... soph... enweg. — Ja, sehr gut! — деп кыйкырды доктор Зауэр менин немецче сүйлөөгө болгон аракетимди тосуп алып, сөздөрдү бузуп айтсам деле. — А, айтмакчы, эмне үчүн аны ушундайча аташат? — Кылымдар бою биздин акындарыбыз жана философторубуз — мисал үчүн, Иоганн Вольфанг фон Гете — эс алыш үчүн жана жайбаракат эле байкоо жүргүзүү үчүн ушул жол менен сейилдегенди жакшы көрүшкөн. Акындар бул жерге биздин замандын кайсы-бир эң маанилүү суроолору, жашоонун мааниси жөнүндө… ой жүгүртүш үчүн келишкен деп айтышат. А, балким, аялы менен жаңжалдашып калган учурда дагы — ким билсин. Мен күлдүм. — Гете — эгерде жаңылышпасам «Фауст» деген чыгарманы жазган адам болсо керек? — Дал өзү, — деп башын ийкеди доктор Зауэр. — Окуп көрдүңүз беле? Мен жок дегенсип башымды чайкадым: — Бирок эгерде сиз кеңеш берсеңиз, сөзсүз түрдө окуп чыгам. — Албетте, кеңеш берем! Кечиктирбестен окуп чыгыңыз, — деди доктор Зауэр, немецче кошумчалап: — «Es irrt der Mensch solang er strebt». Менин түшүнбөгөн көз карашымды көрүп, ал дароо кечирим сурады: — Сиз кечирип коюңуз… сиздин эне тилиңизде бул мындайча болмок: «Адашуу адамга таандык… анан ал алдыга умтулган сайын ушундай боло берет», — деп түшүндүрдү доктор Зауэр, — бул пьесадагы Теңир айткан сөздөр. Монастырдын урандыларында жымжырттык өкүм сүрүп турду. Болгону тоонун чокусунан согуп жаткан шамалдын үнү гана угулуп жатты. Доктор Зауэр экөөбүздөн сырткары, болгону бир канча турисстер урандыларды кызыгуу менен карап жүрүштү. Мен иштеп жаткан монастырь болгон мезгилде бул жай кандайча болгонун элестетиш үчүн кургак дубалдарга тигилип калдым. Мунун баарына караганда, монахтар жөнөкөй жашашкан жана бул жөнөкөйлүктү атайылап карманышкан. Жөнөкөй жана өзүнөн-өзү баш тартуу менен, эрте мененки, жарым күндөгү жана кечиндеги сыйынуулар менен, регулярдуу түрдө орозо кармоо менен жана узун убакыт бою унчукпай отуруу менен. Эгерде мен алардын бири болгонумда, менин жашоом кандайча болмок эле деп элестетип көргөнгө аракет кылдым. Ошондо да мени ушул шектенүүлөр коштоп жүрмөк беле? Балким, менин ичиме Кудайдан болгон коркунучту салыш үчүн, Ыйык Китепти байыркы грек тилинен латын тилине көчүргөнгө мажбурласа керек эле. А балким, мен эч качан жетише албай жүргөн жан дүйнөлүк тынчтыкка жетишер белем, — жылдыздуу асман астындагы жүрөктү кубанткан нерсеге, анын үстүнө дал ушул жерде, анын уламдан-улам жогоруга алып чыккан жолдорунда, келечектеги замандарда кандай ойлор пайда болоорунан шектенбеген Бардык Ыйыктар тоосунун чокусунда. Төрт күндөн кийин мен Лондондо болдум жана биринчи эле телефон-автоматтан Кобб мырзага телефон чалдым. Мен аны менен жолугууну, өзүмдүн көрүп-билгендерим жана анын эки досунан үйрөнгөн нерселерим менен бөлүшүүнү чыдамсыздык менен күтүп жаттым. Бирок менин жолум болбоду — Кобб мырза шаарда эмес экен жана ал кийинки жумадан эрте келбейт экен. Трубканы асып койгондон кийин, кокусунан менин көңүлүм чөгө түштү. Мен Лондондо болгону эки күн калып, андан кийин үйүмө кайтышым керек болчу. А мен болсо, Кобб мырза менен, өзүмдүн саякаттарымдан алган таасирлерим менен бөлүшүүгө, ал тургай анын бардык чечимдерине макул болууга даяр болчумун. Бирок муну кийинкиге калтырууга туура келет тура. Мен кайрадан Темза дарыясынын жээгинен жай сейилдегенче студенттик мейманканага жөнөдүм. Сонун күн болуп турган эле, анан мен жөн гана дем алып, ойлорума тыныгуу бергим келди. Отургучка отуруп, белгилүү дарыяда шашпай сүзүп бара жаткан чоң кемелерге жана анча чоң эмес кайыктарга карадым. Менин каршымда, аркы жээкте, Парламенттин улуу имараты жана Биг-Бен мунарасы заңкайып турган эле. Түш ченде терең жана катуу үн дарыянын үстүнөн жаңырды. Көзүмдү жумуп, бетимди күндүн жылуу нурларына тостум. Фаусттагы бир цитата менин акылымда жаңырып жатты: «Адашуу адамга таандык». Бирок эгерде сен алдыга умтулбай койсоң эмне болот? Бул өзүн-өзү интеллектуалдуу өлтүрүү болуп саналбайбы? Мен Келлога колледжиндеги машайакчылар тууралуу эстедим. Биз жаңы гана таанышканда, алардын «сокур» ишеними менин кыжырымды келтирген болчу. Мен ушул жолдун баарын алардын туура эместигин далилдеш үчүн басып өттүм. Бирок көбүнчө мен бул жерге өзүмдү биротоло жана эч бурулушсуз: жашоонун эч кандай мааниси жок жана болушу мүмкүн да эмес, а адамдар болсо бүт тарых аралыгында өздөрүнүн азаптарын бир аз болсо да жеңилдетиш үчүн гана динди ойлоп табышкан дегенге ишендириш үчүн келдим. Балким, мен бул жерге өзүмө согуш жана ачкачылык сыяктуу жалпы дүйнөлүк масштабдагы трагедиянын себебин түшүндүрүш үчүн эле эмес, — дагы да маанилүүрөөк болгон өзүмдүн жеке трагедиямдын: зордук-зомбулуктун жана басынтуунун, бытырап кеткен үй-бүлөмдүн, араккеч атамдын себебин табыш үчүн келгендирмин. Мен өзүмдүн алакандарыма карадым: качан мен буларды өзүм каалабай туруп муштум кылып түйүп алдым эле? Менин жанымда, отургучтун аркы четинде, улгайган бир адам отуруп, көгүчкөндөрдү азыктандырып жатты. Ал нандын күкүмдөрү салынган баштыгын акырын бошотту да, аларды бут астына таштады, бирок анын көрүнүшү өтө бактылуу адамдан алыс көрүндү. Балким, ар бир канаттууга бир аздан болсо да жеткиргенге аракет кылып, өз ишине биротоло берилип кеткендир. А балким, ал жашоосуна жана досторунун айланасында өткөрө алган анча узун эмес көз ирмемине ыраазыдыр. Кокусунан эле мага Кобб мырза сунуш кылган дагы бир лондондук китепканада боло элегим эсиме түшө калды. Биз ал жерге бирге барууну пландаштырып жатканбыз, бирок убакытыбыз жетпей калган болчу. Мына анын бир тутам кагазда жазылган дареги, мен аны кагаз салчу баштыгыма жакшылып жашырып алган болчумун. «Бейкер-стрит» метросунун жанындагы «Евангелисттик китепкана». Мен ошол жерге жеткенимде жыйырма мүнөт деле кеткен эмес болчу. Китепканачы мага Кобб мырзанын сөзү боюнча китеп текчелерден жоголуп кеткен ошол эски китептерди табууга жардам берди. Аткарылган милдетти сезүү менен китепти окуй баштадым. Саат акырын өтүп жатты. Китепти четке жылдырып, отургучка жөлөнө түшкөнүмдө, кечки саат жети жарым болуп калган болчу. Шыпты карап, көзүмдү аарчыдым да, эрктен тыш эле айттым: — Бул чындык. Андан кийин кайра кайталадым: — Бул чындык. Анан акырында үчүнчү жолу, эми мунусунда катуураак айттым: — Чындык. Бул жолу китепканачынын чыдамы түгөндү жана ал мени өрттөп жибере турган көз карашы менен баштан-ылдый карап койду. Мен азыр гана четке жылдырып койгон китептердин бирине колумду сундум, бирок анын беттериндеги сөздөр менин алдыма жайыла түштү. Мага ушул көз ирмемде перронго жакындап келе жаткан жана биротоло токтоордун алдында акыркы бууларын чыгарып жаткан поезд элестей түштү. Менде сөз да калган жок. Мен өзүмдүн кайда экенимди билбей калдым. Мен акыркы станцияга келгенимди гана билдим. Бир канча мүнөттөн кийин мен китепкананын секичесинден түшүп бара жаттым. Лондондун көчөлөрүндө караңгы түшүп калган болчу. Мен өзүмө-өзүм ишенбей, башымды чайкап жаттым: Кобб мырза, К. С. Льюис, доктор Гринлиф жана башка бардыгы — ооба, чындык алар тарапта болчу. Ыйык Китеп өзүнө түбөлүктүү чындыктарды камтыган. Мен Тирилүүнү жокко чыгарыш жана машайакчылыктын беделин түшүрүш үчүн жолго чыктым, бирок фактыдан жашынып калуу мүмкүн эмес эле. Адамдар машайакчылыкты эмоционалдык себептен кабыл алат деп Бернард Рассел адашкан экен. Мен жөнүндө болсо, дал ошол карама-каршы нерсе чындык болуп чыкты. Мен машайакчылык ишенимди дал ошол эмоционалдык себеп менен четке каккан экенмин. Менин акылымда мунун баары кандайча болгону — убакыт да, жай да — ушул күнгө чейин мен үчүн табышмак бойдон кала берди. Жок, мен тизе бүккөн жокмун, бир көз ирмем аралыгында эле машайакчы боло калган жокмун. Ооба, менин көздөрүм чындык үчүн ачылды, бирок ишенбеген Томастан айырмаланып, мен дагы деле каршы чыгып, аны кабыл алганга шашылган жокмун. Эми чындык четке кагылгыс экенин биле туруп деле. Балким, уятка калгандыгымдан жана өзүмдүн ниетимдин жокко чыкканынан көңүлүм чөгүп кеткен үчүн болгондур. Бул жана башка көптөгөн башка нерселер тууралуу мен Мичиганга кайтып келе жаткан узак жолдо ойлонуп келе бердим. ОНУНЧУ БӨЛҮМ. БААРЫ БАШЫНАН Күзүндө Келлога колледжинде сабак башталганда, мен мурдагы ошол бейгам Джош Макдауэллдин, студенттик жетекчи жана экинчи курстун бардык кечелеринин туруктуу катышуучусунун, образын сактап калыш үчүн бүт күчүмдү жумшашыма туура келди. Бул семестрде жазган менин биринчи курстук ишим: «Мичиган штаты карыздардан кантип арылат?» деген аталышта болчу. Менин жумушумда штаттын бийлик өкүлдөрүнө Жогорку Жарым аралды Висконсин штатына сатып, Мичиган штатынын борборундагы Лансингдеги проституцияны легализациялоо, алардан ылайык келген салыктарды алуу чакырыгы ташталган болчу. Менин статистикам жерди сатуудан келип түшкөн акча каражаты жана проституцияны легализациялоодон алынган салыктын пайдасы Мичигандын карыз чуңкурунан чыгышына жардам бере турганын көрсөткөн эле. Бул жумуш үчүн окутуучу мага жогорку баллды койду! Бирок баары бир сөзүн жасап сүйлөгөнгө жана куру кайратка карабастан, андан ары жашаш керек болчу. Мага менин жүрөгүм бөлүнүп калганы ачык сезилди, мен эки жүздүү адам болуп калдым. Досторум мени көрбөй жатканына ишенгенден кийин, машайакчы-студенттер менен алардын ишеними тууралуу сүйлөшүү жүргүздүм. Мен дароо эле аларга өзүмдүн жөн эле кызыгып жатканымды айтып койчумун, бирок эми сүйлөшүүнүн предмети жөнүндө алардын кээ бирине караганда көбүрөөк билчүмүн, көп жолу өз суроолорума өзүм жооп берип койгон учурлар да болуп жатты! Ал тургай ыңгайы келе калганда, машайакчылардын тобу менен жыйынга да барып жүрдүм. Бирок баары бир өзүмдү жыйындык тобо кылуудан жана машайакчылыкты ачык түрдө кабыл алуудан тыйып жаттым. Мен да алар ишенгендей ишенгим келчү, бирок менин акылым машайакчылыктан чумадан качкандай качуу керектигин айтып турчу. Мен өзүмдүн балалык жана өспүрүмдүк жылдарымды жоготтум, мага бул нерсе кудайлык катышуунун жоктугунан улам болгондой сезилчү. Анан мен өз келечегимди да ылдый кулатып жибергим келген жок, бул жолу болсо кудайлык катышуунун айынан. Бир жолу жума күнү мени колледждин короосунан чакырып жатышканын угуп калдым: — Эй, Джош! — Булар менин досторум Сэм Коллинз жана Дьюи Лонгворт болчу. — Иштериң кандай, аксакал? Сени бүгүн кечеде күтөлүбү? — деп сурады Сэм. — Кандай кече? — деп сурадым мен. — Лейк-Хауста! Сен эмне таптакыр унутчаак болуп калгансыңбы? — Жаңылар чогулат, биринчи курстун бардык сулуулары! — көзүн кысып, кошумчалап койду Дьюи. — Ошондуктан бирин тандоого туура келет! — Жок… мен — жокмун. Бүгүн менин жолугушуум бар. — Анда чогуу келгиле! — деди Сэм. — Адам канчалык көп болсо, ошончолук кызыктуу. — Ошол сулуу ким болду экен? Ал жөнүндө биринчи жолу угуп жатам! — деп сөзгө аралашты Дьюи. — Ошентип, сени деле жүгөндөп алышкан турбайбы? Мен өзүмдүн эки досума карадым: — Анын аты Линн. — Сэм менен Дьюи уландысын унчукпай күтүп жатышты. — Макул, түшө турган убакытым келди, — дедим мен. — Сабакка кеч калып жатам. — Эй, аксакал, токтой тургун, сен кайда жөнөп калдың? — Сэм менин артымдан чуркап алды. — Айтчы, сүйлөшкөн кызың менен жыйында таанышып калганың туурабы? Мага ушундай сөздөр жетти. — Муну сага ким айтты? — Сагызган куйругуна байлап келди, досум. Анан дагы эмне деп жатышканын билесиңби? — Дагы эмне? — Эң кыйын кыздар — жыйынга барган кыздар дешет. — Анда мен да ошол жакка барышым керек! — деп кошумчалады Дьюи. — Ал жердеги сеанстар кайсы күндөрү болот? Сэм ачууланып, Дьюиге кайрылды: — Бул сага кинотеатр эмес, келесоо! Сен эмне мурда таптакыр жыйынга барган эмес белең? — Болгом, — үнүндө капа болуу менен жооп берди Дьюи. — Бирок акыркы жолу качан барганым деле эсимде жок. Сэм башын гана чайкап койду: — Ошентип, ал жыйын кайда? — деп кайра сурады ал. Алар мени ортого алышып, бир кадам да артта калбай ээрчип келе жатышты. — Факторивиллде. — Факторивилл? — Сэм менен Дьюи түшүнбөгөн көз менен карашты, ал тургай токтоп калышты. — Ал кайсы жерде? — Картадан таап аласыңар, — деп кыйкырдым да, бурулуп, алардан кутулуп кетиш үчүн дээрлик чуркап кеттим. Чындыгында, Факторивилл — ийри-буйру жалгыз аяк жолдун аталышы, Атенс кичи шаарчасын кесип өткөн, Бэттл-Криктен жыйырма мил түштүгүрөөктө жайгашкан көчө. Бул жерди шаар деп атаганымда Сэм менен Дьюини алдаган жокмун. 1800-жылдарда бул жерде чын эле кандайдыр-бир фабрика болгон, анын айланасында Факторивилл шаарчасы пайда болгон. Бирок бул фабрика илгери-илгери эле жок болуп кеткен, аны менен кошо шаардын өзү дагы. Алардан кийин калган нерсе — көчө жана кичинекей айылдык жыйын. Факторивиллдеги «Ыйык Китептик Жыйындын» пасторунун аты да өзгөчө болчу: Фэй Логан. Ал болжол менен элүүдөн ашкан, кичи пейилдиги менен айырмаланган адам болчу. Бардык жагынан алып караганда, анда мага болгон жасалма эмес кызыгуу бар болчу. Мага да анын кызматына баруу чындап эле жага турган. Эми машайакчылык тууралуу өзүмдүн билимдериме толук ээ болуп, пастор Логандын маалыматтуу жана ар тараптуу билими бар адам экенин түшүнүп таң калдым. Ал тургай мага анын эмне үчүн дүйнөнүн кайсы-бир бурчундагы мааниси аз, кичинекей жыйында пастор болууну чечкени кызыктуу болду. А менин эч качан өзгөчө уялчаактыгым менен айырмаланбаганымды эске алганда, бир жолу кызмат бүткөндө, бул жөнүндө андан тикеме-тике сурап көрүүнү чечтим. Ал мага дароо эле жооп берген жок. Жыйын аз-аздан бошой баштады, анан мен адатка айланып калгандай, аны акыркылардан болуп таштап кетчүмүн. Пастор Логан жыйындын залын тегерете карап чыкты, аны бүтүндөй өзүнө тартып алууну каалап жаткансып. Жөнөкөй терезелерден кирген күн жыйындын бардык ички жасалгасын ушунчалык мээримдүү жана тынч кылып көрсөтүп турду. «Билесиңби, Джош, бул чоң дүйнөдө кайда барбагын — бардык жерде билинбей жүргөн жөнөкөй адамдарды жолуктурасың, — деди ал, анан анын көз карашы жумшара түштү, — алар кичинекей иштерди жасашат, ал иштер болсо… кээде бүт дүйнөнү өзгөртүп жиберет». Ал жыйынды жапты, анан биз экөөбүз тепкич менен ылдый түштүк. Ушул көз ирмемде мен дайыма атамдан же мен дайыма ээ болгум келген ошондой атадан күткөн ошол жакындыкты пастор Логандан сездим. Анын үстүнө, менин Факторивиллдеги «Ыйык Китептик жыйынга» барганымдын башка себеби да бар болчу. Биринчи жолу мен Линнди Келлога колледжиндеги бир канча машайакчы балдар менен кезектеги кызматка келгенде жолуктурганмын. Ал бир отургучтун четинде отурган болчу. Мен ага дароо эле көңүл бурдум жана ошол бейтааныш кыз отурган жерден өтүп, башка отургучка жылып алдым. Эртеби-кечпи башын буруп, мени көрө турганын билдим. Ал мени байкап калган ошол көз ирмемде, мен ага «көз карашымды» -– ошол укмуштуу-романтикалык көз чагылуумду багыттаганымды кечеңдеткен жокмун, аны жасай алыш үчүн мен ваннадагы күзгүнүн алдында көп саат бою даярданганмын. Таанышуунун уланышына даярданып жатып, мен кокусунан эле кыздын жанында отурган чоң кишини байкап калдым. Алдыга эңкейип, ал мага сүрдүү көз караш менен карады. Анын бетинин абалына карап, кыздын атасы да менин кылыктанууларымды байкабай калбаганын түшүндүм. Мына ушундай болчу. Бул Линндин атасы Меррик мырза болчу, ал ушул жыйындын аксакалы эле. Бирок биз Линн экөөбүз жолуга баштаганда, анын мага болгон мамилеси чыдамдуу болгону таң калыштуу эле. Балким, буга эң акыркы кезекте менин үстүмдөн анын эки агасынын дайыма асылып туруп алганы, алар өзүнүн кичүү карындашын жакшы көрө турганын түшүндүрүп, аны капа кыла тургандарды болсо, оңой кое бербегени түрткү болгон болсо керек. «Сэм жана Дьюи, мен силерге жалган айттым», — деп ойлодум, эми аудиторияга кирип бара жатып жана өз ордума отуруп жатып, ал жерде тарыхтан лекция окулушу керек болчу. Ооба, менде Линн деген жаңы досум пайда болду, бирок ошол күнү кечинде мен аны менен жыйынга барууга камынып жаткан эмес болчумун: ал кошуна шаардагы өзүнүн тууган эжелеринин үйүндө коноктоп жүргөн болчу. Мен аны бул эс алуу күндөрүндө көрбөй турганымды билчүмүн. Чындык менин студенттик кечелерге баруу каалоомдун жоголуп кеткенинде болчу, ал жерде эртеби-кечпи баары ичимдик ичишчү жана менден эң мыкты тост айтуу устасын гана көрө алышчу. Эми мен эс алуу күндөрүндө Мерриктердин үйүндө болууну артык көрүп калдым — анан да Линн менен жолугуш үчүн гана эмес, Меррик айым эң мыкты ашпоз болгон үчүн да. «Студенттик ашканада тамакты канчалык начар жасаша турганын элестете да албайсыз» — деп арызданган үн менен сүйлөдүм, ага өзүмдүн тарелкамды экинчи порция үчүн сунуп жатып. Меррик айым мага тарелкамды биринчи жолкуга караганда дагы да толтуруп берип жатып, жылмайып гана койду. Мен өзүмдүн уятсыздыгыма жооп иретинде Меррик мырза уулдары менен кандай көз карашта болуп жатканын байкамаксан болуп койдум да, тамакты жегенге кириштим. Бул учурда Линндин кайсы-бир сиңдиси тамаша айтты, анан столдун үстүндөгү баары ичи-боору эзилгенче күлүштү. Бул чоң жана ынтымактуу үй-бүлө болчу, алардын үйүндө болгонумда дайыма кубанычта болчумун. Бул жекшемби күнү Линн али шаарга келе элек болгондуктан, мен эрте мененки чогулушту калтырып, досум Ларри Майнор менен кечкисине бардым, ал жигит биздин колледжде окуган математик-студент болчу. Биз чогулуштун башталышына кечигип калдык жана кире бериш жердеги орундарга жайгашууну чечтик. Жарыяны айтып, гимнди ырдашкандан кийин, насаат сөздү башташ үчүн пастор Логан кафедрага чыкты. Анын темасы Лука жазган Жакшы Кабардагы айкаш жыгачтагы каракчы Ыйсадан Өз Падышалыгында аны эстешин суранган үзүндүсү болчу: «Эмне үчүн пастор Логан менден көзүн албайт? — деп сурадым өзүмдөн. — Же бул мага гана тиешелүүбү?» «Ошондуктан келиңиздер, тикеден-тике айталы, — деп улантты пастор Логан, — Кудайдын куткаруусу — бул интеллектуалдык көнүгүү эмес. Чындыгында Ыйык Китепте: «“Кудай акылдууларды уятка калтырыш үчүн, бул дүйнөнүн акылсыздарын тандап алды”» — деп айтылат. Өз сөзүнө башын ийкеп, ал мага тик карап жаткандай сезилди: «Андай болсо, биз кантип куткарылабыз?» Ал Ыйык Китептин барактарын ачты да, Римдиктерге жазылган Каттын 10:9, 10-аятын окуду: «Эгерде сен өз оозуң менен Ыйсаны Теңирим деп ачык таанысаң, Кудайдын Аны өлгөндөрдүн арасынан тирилткенине чын жүрөгүң менен ишенсең, анда куткарыласың. Себеби адам чын жүрөгү менен ишенүү аркылуу акталат, оозу менен ачык таануу аркылуу куткарылат». Чагылгандын болоорун билдирген булутка окшоп, маңдайыма тердин тамчылары чыга баштады. «Анда мага айткылачы, досторум, — деп сөзүн улантты пастор Логан, — бүгүн силердин ордуңар кайда? Силер Ыйсаны Теңирим деп кабыл алдыңарбы? Анын Тирилүүсүнө ишенесиңерби? Эгерде чын эле ишенсеңер, тобо кылганга даярсыңарбы? Анда келгиле, тобо кылуу деген эмне экенин тереңирээк карап көрөлү…» Пастор Логандын насааты дагы бир канча убакытка созулду, андан кийин ал адамдарды чыгып, Машайакты жүрөгүнө кабыл алууга чакырды. Мен бул чакырууга жооп беришим керектигин билдим, бирок ордумдан козголо алган жокмун, ошентип, отургучума бирөө жабыштырып салгансып отура бердим. Мен мурда да бул чакырууну укканмын, бирок менин досторумду жоготуп алам деген эски коркунучтарым жана интеллектуалдык өзүн-өзү өлтүрүүм мени жылдырбай кармап турду. Жүрөгүмдүн тереңинде мен бул чакырууга абдан жооп бергим келди. Мен өтүү жолу менен чуркап чыгып, жайында эле Европада кылышым керек болгон нерсени кылгым келип кетти. Мен ошол жерде чындыкты тапкан болчумун, бирок ушул чындыкты өз жашоомо кабыл алгандын ордуна дагы деле создуктуруп жаттым. Пастор Логан өз чакырыгын дагы бир жолу кайталады, Жеремия 31:3 тү: «Теңир мага алыстан келип, мындай деди: Мен сени түбөлүктүү сүйүү менен сүйөм, ошондуктан сага ырайымдуу колумду сундум» деген аятты окуду. Көзүн Ыйык Китептен алып, ал кучагын ачты да: «Ыйык Рух: “Кел” — деп айтып жатат. Ал сени кандай болсоң, ошол бойдон чакырып жатат. Ыйсага кел. Азыр кел», — деп чакырды. Биринчи караган көзгө кандайдыр-бир күтүүсүз болгон ой келди менин акылыма: эгерде Ыйса айкашкан жыгачта өлгөн ошол күндө, мен жер бетиндеги жалгыз адам болсом деле, Ал баары бир мен үчүн өлмөк. Ал баары бир колун мага сунуп, мен үчүн өмүр тилемек. Бирок эмне үчүн? Эмне үчүн Кудай ушундай кылды? Мен Ага эмне үчүн керекмин? Мен күнөө кылган жана кылып жаткан кезде, эмне үчүн Ал мага ушундай сүйүүсүн төктү? Менин уялып турганымды сезип, Ларри мага бурулду: «Каалайсыңбы, биз ал жакка бирге чыгалыбы?» Анын суроосу мага керек болгон дал ошол түрткүнүн өзү болду. Өзүмдүн турган ордумдан аткан жебедей учуп, алтарь жакка багыт алдым. Мен пастор Логандын алдында турганымда анын мени караган көз карашын эч качан унутпаймын. Ал менин алаканымды өзүнүн алаканына койду жана мени толугу менен, эч шартсыз түрдө кабыл алды. Мен өзүмдү акыры үйүнө кайтып келген ошол адашкан уулдай сездим. Биз биргеликте сыйындык, андан кийин бир канча саат бою машайакчы болуу эмне экендиги жөнүндө аңгемелештик. Бул сүйлөшүү узак мөөнөттүү, бирок акылман жана чын жүрөктөн ишенген адамдын окутуусунун башталышы болуп калды. Мен жыйындан чыкканымда караңгы кирип калган болчу, анан өзүмдүн унаама келип, кечки салкын абадан жутуп алыш үчүн токтоп калдым. Мен өзүмдү чөлдө суусуздуктан өлүп бара жаткан, бирок акырында ырайымдуу оазиске карай жолду тапкан жолоочудай сездим. Мен эмне дешти же кимге ыраазычылык билдиришти билген жокмун. Мен жөн гана ошол суудан иче бергим келди. Мен айга карап жылмайдым, жаагымдан ылдый жылуу, туздуу көз жаш куюлуп жатты. Кудайдан менин таш боор жүрөгүмдү кечиришин сурандым жана ошону менен бирге кандайдыр-бир сырдуу жана кол жеткис жол менен Анын жанымда экенин, Анын жылуулугун жана кечиримин сездим. Менин жашоом түбөлүккө өзгөрүлдү. Анан да менин эң чоң каалоом — бул көз ирмемдин түбөлүккө созулушу болчу. * * * Ошол жылы кыш суук жана узак болду, бирок Машайактагы жаңы жашоонун оту андан ары да менде тегиз күйүп жатты. Окуум өз кезеги менен өтүп жатты, ошол эле убакта пастор Логан мени машайактык ишенимдин негиздерине окутканын уланта берди. Биз кечирим темасына келгенибизде, чети оюла элек жумуш күтүп турганы анык болду. Кийинкиге калтырбай, Жаңы жылдан кийин дароо эле, мен атам менен шаардын борборундагы Ритци кафесинде жолугуш үчүн Бэтлл-Крикке бардым. Ал ошол жерде, терезенин жанында отуруп, кофе ичип жаткан экен. Менимче, ал мени биринчи болуп көргөн болсо керек, анткени мен аны байкап калганымда дароо көзүн буруп кетти. Жолугушуу демилгесин мен көтөргөн болчумун, эми болсо буга өкүнө баштадым. Бирок баары бир мен кафеге кирдим, атам менен анын жаңы курбусу Гейл отурган столго келип, алардын бет маңдайына отурдум. «Бул менин уулум Джош», — деп атам мени тааныштырды. Ал чечкинсиз түрдө башын ийкеди жана колун мага акырын сунду. Менимче, атам ага мен тууралуу айткан окшойт. — Кандай буюртма бересиңер? — абадан пайда боло калгансып сурады официант кыз. — Кичи пейилдикке, кофе, — деп жооп бердим мен. Атам колун жаңсап: — Өзүңө жей турган бирдеме айт. Мен сени коноктойм, — деди. Бирок мен жок дегенди билдирип башымды чайкадым — эң жакшысы кофе. Кийинки бир канча көз ирмемде атам экөөбүз бири-бирибизге карап калдык. Тагыраак айтканда, бири-бирибизди уурданып карап, андан кийин дароо көзүбүздү ала качып кетип жаттык. Бизди бөлүп турган ачык сүйлөшүү түпсүз туңгуюкка түшүп кеткендей болду. «Качанга чейин айланып-тегеренип жүрө берет экенбиз! — деп ойлодум күтүүсүздөн. — Жөн гана болгонун болгондой айтып салайын, андан кийин эмне болсо, ошол болсун». — Ата, — деп баштадым мен. Атамдын арык денеси чабуулду күтүп жаткан иттей болуп түйүлө түштү. — Ата, — деп кайталадым мен, өзүмдөн керектүү сөздөрдү күч менен чыгарганга аракет кылып. Акыры, өзүмдөгү жүктөн кутулгандай: — Ата, мен сени сүйөм, — дедим. Биздин кимибиз көбүрөөк таң калганыбызды деле билбейм — менин сөзүмдү уккан атамбы же аларды айткан менби. Мен өз атамды сүйүүгө же аны кечирүүгө болгон каалоону таптакыр сезген жокмун. Апамдын анын айынан өлгөнүнөн жана үй-бүлөбүздүн тарап кеткенинен түк шектенчү эмесмин. Көптөгөн жылдар бою мен аны кантип өлтүрүү жана полициянын колуна түшүп калбоо жөнүндөгү фантазияларым менен уктап жүргөнмүн. Жада калса, азыр жаңы кайрылган машайакчы боло туруп, аны андан ары да жек көрө берем деген чечимде болчумун. Жымжырттыкка чыдаганга мүмкүн болбой калды. Мен өзүмдүн чөйчөгүмө тигилип отура бердим, анын түбүнөн бир нерсени көрүп, бизге келечек эмнени даярдап жатканын божолдогонго аракет кылгансып. Акыры ыңгайсыз паузаны атамдын кыркыраган үнү бузуп жиберди: — Сен кантип мендей атаңды сүйө аласың? — деп сурады ал. Мен ага жооп бергим келген жок. Кандай болбосун, ошол көз ирмемде. Бирок пастор Логан ошончо убакытын мен үчүн бекерге короткон жок. — Эми мен машайакчымын, — деп гана жооп берип койдум. Муну айтып, көзүмдү буруп кеттим, ал да ошондой кылды. Мен анын азыр эмне деп ойлонуп жатканын билген жокмун. Ушул убакта да мен угулбай турган сыйынууну, Кудай мага өз үй-бүлөсүн кыйраткан ушул адамды мындан ары да жек көрө беришиме жол берсин деген сыйынууну, айтып жаттым. Бирок сыйынуу уланган жок. Бирок жек көрүү болсо, ошол убакта жоголо баштады. Ал сүйүшү жана коргошу керек болгон адамдарына канчалык зыян келтиргени тилимдин учунда эле турду. Бирок мен оозумду ачып, баары бир: «Ата, мен сени сүйөм» — деген сөздү чыгарышым керек экенин түшүндүм. Мына ошол жерде мен машайакчылыктын ойдон чыгарылган нерсе эмес экенин түшүндүм. Мен ушул жерге айтыш үчүн келген сөздөрдү айттым. Андан ары эмне кылаарымды билбей, ордумдан турдум да, кетип калдым, андан башка бир да сөз айткан жокмун. * * * Пастор Логан менин атам менен болгон жолугушуум кандай болгону жөнүндө айтып бергендеримди чын жүрөгү менен укту. Мен, чынын айтсам, ал тууралуу ошончолук жакшы ойдо болчу эмесмин. — Кудайдын осуяттарына тил алчаак болуу, — деди пастор, — бул эмоция эмес, ал иш жүзүндө аткаруу. — Биз тил алууга чакырылганбыз, — деп кошумчаладым мен, — а жыйынтык болсо — бул Кудайдын иши. — Дал ушундай, — деп жооп берди пастор күлүмсүрөй, — ошондой эле бул нерсе, менин көз карашым боюнча, бизди дагы бир адамга алып барат, ал сенин жашооңдо маанилүү ролду аткарат. Мен бир секунд мурда эле ушунчалык бекемдүүлүк менен Кудайга болгон тил алчаактык жөнүндө жар салганыма өкүнүп кеттим. Бул адамдын каңырсыган дем алуусу абадан келип жаткандай сезилип кетти. Ордумдан тура калып, пастор Логандын кабинетинде ары-бери баса баштадым. — Сурана көрбөңүз, — дедим акыры мен. — Сиз, тамашалап жатат окшойсуз? — Мен чын эле айтып жатам, Джош. — Жок, бул мүмкүн эмес. — Кудай үчүн мүмкүн болбогон эч нерсе жок. Мен пастор Логанга ал мени желкемден түртүп жаткандай карадым. — Анын мага эмне кылганын билбейсизби, анын үстүнө ошончо жыл бою! Балким ал бир эле мага эмес, көптөгөн балдар менен өспүрүмдөргө да ошондой кылган болсочу? Сиз менден ушундай адамды кечирүүнү кантип суранып жатасыз? Анын жаны тозокто жансын! Мен аны өзүм ошол жакка жиберем! Пастор Логан мештин ичинде тегиз күйүп жаткан отту карады: — Сенин кечиримиң анын кылганын актап койбойт, Джош. Бирок ал сенин өзүңдүн, өтмүштүн чуңкурунан кутулткан процесстин алдыга жылышына алып келет. Кечирим сенин жашоодо алдыга жылышыңа жол берет жана адашкан жан дүйнөнүн тобо кылышына мүмкүнчүлүк берет. Эми отту кароо кезеги мага келди: — Эгерде машайакчылык ушул нерсе болсо, анда мага жетишет. Мен идеалдуу дүйнөдө кечирим деген эмне экенин билемин — бул туура иш. Бирок сиз менден өтө көп нерсени суранып жатасыз. Мен Уэйн Бейлини кечире албаймын. — Уэйн Бейлини кечиришиңди мен суранып жаткан жокмун, Джош. — Муну Кудай каалап жатабы? — бир дем алуу менен айтып салдым. — Кудай менден кантип ушундай нерсени сурай алат? Пастор Логан көз ирмемге унчукпай калды, а мен болсо андан көзүмдү албай карап турдум. Ал ак көңүл киши болчу, бирок ал да менин ошончо жыл бою аккан жашоомдун багытын өзгөртө албайт болчу. Эми бул тууралуу ойлонгонго өтө кеч болуп кетти. Мен көп бөлүгүн ага карата эмес, өзүмө карата айттым: — Эч ким мени түшүнгүсү келбейт. Эч ким. Бир нерсени айткысы келгенсип, пастор Логан мага карап калды. Бирок анын ордуна ал колун сунуп, Ыйык Китепти алды. Жөтөлүп алды да, Лука жазган Жакшы Кабардан (23:33,34) окуй баштады: «Алар «Баш сөөгү» деген жерге келишкенде, Ыйсаны жана эки кылмышкерди айкаш жыгачка кадап коюшту. Бирин Анын оң жагына, бирин сол жагына кадашты. Ыйса болсо: “Ата, буларды кечире көр! Анткени эмне кылып жатышканын билишпейт”, — деди». Мен анын окуусун бөлүп жибердим: — Уэйн Бейли эмне кылып жатканын эң сонун билген. — Кудум эле Ыйса сыяктуу, — деп жооп берди пастор Логан. * * * Бул дароо эле ишке аша койгон жок — дагы бир канча ай жана пастор Логан менен болгон бир канча ишенимдүү маек керек болду. Эсимде, алгач Уэйн Бейлинин кайда жашаганын билбейм деп үмүттөнгөм. Бирок дареги тез эле табылды, анан мен ага телефон чалдым. Сүйлөшүү узакка созлган жок. Мен ага мени өзүнүн үйүндө күтүп турушун айттым. Ал ушул жерде эле, Мичиганда, шаардын маданий борбордон ыраакы Джексон деген кварталында турчу экен. Мен эскилиги жеткен эшикке келип, тыкылдаттым, ал ачты, анан мен ичкери кирдим. Ооба, ал биздин үйдү өз квартирасына караганда жакшы карачу экен: чай сервиздери да, тоту куштары да жок экен. Мен чачы кубарган, бүкчөйүп калган адамга тынчсыздануу менен карадым да, эч кандай сөз башысыз эле баштадым: — Сенин мага кылганың, Уэйн — жийиркеничтүү. Жөн эле жийиркеничтүү! Бирок мен эми Ыйса Машайакты өзүмдүн Куткаруучум жана Теңирим катарында таанып калдым. Анан мен бул жерге сага… айтыш үчүн… Менин кылдаттык менен даярданган сөздөрүм капысынан эле жоголуп кетти. Мен күч сурап сыйындым жана азыр айтышым керек болгон сөздөр башымдан эмес, жүрөгүмдөн чыгышы керек экенин түшүндүм. Терең дем алдым да, сөзүмдү уланттым: — Уэйн, биз баарыбыз күнөөкөрбүз жана биздин арабыздан эч ким Кудайдын жеткилеңдигине жете албайт. Биз баарыбыз кун төлөп сатып алууга муктажбыз, ошентип… бир сөз менен айтканда, мен бул жерге, сен сөзсүз түрдө угушуң керек болгон сөздөрдү айтыш үчүн келдим. Ал көз ирмебеген түссүз көздөрү менен мени карап тура берди. Кайсы-бир көз ирмем аралыгында, мен өзүм да мунун мындай эмес, туура эмес экенине ишенип кетким келди. Бирок бул чын болчу жана мен ага бүт үнүм менен: — Машайак мен үчүн өлгөн сыяктуу эле, сен үчүн да өлгөн. Мен сени кечирем, Уэйн. — деп айтышым керек болчу. Бурулдум да, эшикти көздөй жөнөдүм, бирок ага акыркы жолу карадым да: — Дагы бир нерсени айтып коеюн, Уэйн. Эгерде дагы бир жолу эркек балага тийгениңди уга турган болсом… өзүңдөн көр — өкүнүп каласың! — деп айттым. Мен автостоянкага келдим да, унаама отурдум. «Эми эмне болду? — деп сурадым өзүмдөн, моторду жүргүзүп жатып. Шайтандын көзүнө тик карагандагы — керек болсо өз өтмүшүңдүн шайтандарынын көзүнө караганыңда каптап кирип келе калчу ошол жан дүйнөлүк көтөрүлүү кана?» Стоянкадан акырын тегеренип, жакынка шоссеге чыгыш үчүн бурулдум. Анан ошол жерде чагылгандын соккусу мени тешип өткөндөй болду — менин жүрөгүмө тынчтык орноду! Мен мындай тынчтыкты мурда эч качан сезген эмес болчумун. Мен тандоо кылдым, мен Кудайдын осуятын аткарып, душманымды кечирүүнү чечтим, анан Ыйык Китепте адамзаттын бүтүндөй акыл-эсинен ашып түшкөндөй сүрөттөлгөн бекем, толук тынчтыкка ээ болдум. Бэттл-Крикке кайткан жолду бир саатта басып өттүм. Жолдо келе жатканымда жамгыр жаап жатты. * * * — Джош, мен жакында бул нерсе тууралуу ойлондум… — деди бир жолу пастор Логан, мен адаттагыдай жуманын ортосунда ага сабакка келгенимде. — Кантип эле? Мага сиз ар дайым эле бир нерсе тууралуу ойлоно бергендей сезилчүсүз, — деп жооп катарында куудулданып койдум. Пастор Логан жылмайды да, столдон турду: — Жөө жүрүп келсек болбойбу? Күн сонун болуп турат. Кеч жаз болчу, бул мезгилде Мичиганда бардык жер дарактардын жашыл жалбырактары жана жапайы гүлдөрдүн ачык түстөрү менен жаркырап турар эле. — Ушундай учурда мен өзүмдөн-өзүм эле Мартин Лютердин сөздөрүн эстей берем, — деп баштады пастор Логан, биз анын үйүнүн дароо арт жагындагы токой жолу менен бара жатканыбызда. — Ал Кудай Жакшы кабарды Ыйык Китептин беттеринде гана эмес, дарактарга, гүлдөргө, булуттарга жана жылдыздарга да жазат деп айткан. Мен жооп иретинде унчукпай баш ийкеп койдум. Чындыгында, ал мени менен таптакыр башка нерсе жөнүндө сүйлөшкүсү келгени анык болчу. Бирок мен пасторду шаштыргым жана суроолор менен кийлигишким келген жок. — Сен Уитондогу колледж жөнүндө уктуң беле? — деп улантты аңгыча. — Жок, — деп жооп бердим мен. — Ал кайсы жерде? — Чикагодон анча алыс эмес жерде. Өз убагында ал жерде Билли Грэм окуган. — Билли Грэмби? — Ооба-ооба, Билли Грэм. Бул — машайактык гуманитардык колледждердин эң мыктысы. Менимче, сен ошол жерге которулуп, окууңду дал ушул колледжде аяктаганың маанилүү. — Бирок эмне үчүн? — Анткени сен кийинки кадамдарды таштаганга даяр болуп калдың, Джош. Мен колумдан келишинче сени алыска жеткирдим. Күтүүсүздүктөн улам токтоп калдым: — Пастор Логан, мага сиз сыяктуу ошончо көп убакытын короткон жана көңүлүн бурган колледж же окутуучу табыла турганын элестете да албайм. — Ошондой болгон күндө деле, Джош, менин билимимдин жана сабаттуулугумдун чеги бар, — деп жооп берди ал, чакан жол менен бара жатып, анан мен ага жетип алыш үчүн кадамымды тездетишиме туура келди. — Түшүндүңбү, Уитон деген — сага жөнөкөй нерсе эмес. Ал жерде бардык күчүңдү окууга жумшашың керек, бирок… Ал бурулду да, өзүнүн адатка айланган кайрат берүүчү жылмаюусу менен мага карады: — Менимче, сен бул чакырууну кабыл алганга даярсың. — Бул колледжде окуу юрист кесибине жакшы даярданууга жардам берет деп эсептейсизби? — Сен өзүңө кайсы майданды тандап алсаң да, Уитон сенин бийикте калышыңа жардам берет. Мен ал жерде кимдир-бирөөлөрдү тааныйм, сен менин эң жакшы көрсөтмөлөрүм менен барасың. Эгерде кааласаң, мен бир канча телефон чалууларды жасап коем, анан мындан эмне чыгаарын көрө жатарбыз. — Ооба, мырза, сиздин көрсөтмөлөрүңүз абдан-абдан керек болоорунан шектенбеймин. Мен менин айланамдагы Кудайдын дарактардагы жана гүлдөрдөгү, менин төбө жагымдагы көгүлтүр асмандын бийиктигинде түрмөктөлгөн ак булуттардагы жакшы кабарына суктанып, жыпар жыттуу абадан дем алдым. «Кудайым, — унчукпастан сыйындым, — эгерде сен менин Уитонго барышымды кааласаң, мен Сенин эркиңди аткарганга даярмын». ОН БИРИНЧИ БӨЛҮМ. УИТОН ЖАНА АНДАН АРЫ Мени Уитонго үчүнчү курска которушту, анан мен 1960-жылдын күзүндө окууга кириштим, ошол жылы колледждин жүз жылдык мааракеси болчу экен. Менин окуу программам өзүнө экономиканы, тарыхты, мамлекет жана укукту, англис тилин жана дин илимин камтычу. Эми окуу, анан да толук эмес жумушчу күнү менен иштөө менин бардык убакытымды алып койду, Мичиганга Линн менен сүйлөшүш үчүн араң убакыт таап жаттым. Бирок баары бир бактылуу болчумун жана келечекке үмүт менен карачумун. 1961-жылдын январь айында Джон. Ф. Кеннеди Кошмо Штаттардын отуз бешинчи президенти катары антын берди. Өз милдетине киришип жатып, ал дүйнө элин «адамдын жалпы душмандары болгон: зордук-зомбулук, жакырчылык, оорулар жана согуш менен»[13] күрөшүүгө чакырды. Ооба, бул жакшы сезимдер болчу, мен ага толугу менен макул болчумун, бирок мындай максатка жетүү үчүн бүткүл дүйнөгө Ыйса Машайак жөнүндөгү Жакшы кабарды жеткирүүсүз мүмкүн эмес экенин түшүндүм. Менин окууга болгон тырышчаактыгым азайган жок, качандыр-бир мезгилдегиге караганда юрист болом деген чечимим дагы да күчтүүрөөк болчу. Уитондогу сабактар акырындык менен менин грамматикамды жана сүйлөө маданиятымды, изилдөө жөндөмдүүлүктөрүмдү жана өз оюмду кагазга түшүрө билүүмдү курчутту. Мага эки машайакчы-бизнесмен келди, — алардын ар бири мага колледжди бүткөнүмдөн кийин юридикалык мектептеги окуумдун акысын төлөп берүүнү сунуш кылышты! Узакка созулган кыш акырын жана каалабаса деле жазга кезек берди. Кудай да, жашоо өзү да мен тарапта болгондой сезилип жатты. Анан ошол жерде ойго келбеген нерсе болду. Мен ошол темир жол өткөөлүндө болуп калдым. Мен радиону угуп жатканда, жүк ташыгыч мага бүт күчү менен келип сайылды, менин унаам бурулуп кетти да, рельстердин үстүнө барып токтоп калды. Машинисттин эмне болгонун көрбөгөнүнөн шектенбейм, — бирок эгерде көргөн болсо деле, буга реакция кыла ала турган абалда болгон эмес. Мына бүттү. Азыр мен өлөм. Менин унаам зымырап келе жаткан поездге бир алакан аралыкта токтоп калды. Дагы бир канча сантиметр — анан кайыр-кош. Кийин билсек, пикаптын айдоочусу мас болчу экен. Күч менен мени артка сүрүп салды, айдоочунун отургучу катырылган болот металл дээрлик жыйырма сантиметрге ийрейип кетиптир. Бизди ошол замат бул окуянын көптөгөн күбөлөрү курчап алышты, полиция көрсөтмөлөрдү алгандан кийин, менин бактысыздыгыма боор ачыган кандайдыр-бир бейтааныш мени жатаканага жеткирип коюуну сунуш кылды. Мен анын унаасынан түшкөнүмдө ал жада калса менден: «Бардык жериң жайында экенине ишенесиңби?» — деп кайрадан сурады. Ошол учурда мага бардык нерсе сыйрыктар жана шок менен эле өтүп кеткендей сезилген болчу, бирок кийинки күнү мен эс-учумду жоготуп койдум, анан тез жардам мени ооруканага жеткирди. Көрсө, менде олуттуу жаракат бар экен: менин унаамдын отургучунда баштын астына төшөлгөн нерсе жок болчу, ошондуктан отургучтун арт жагына катуу жулкунуп тийгенде мойнумдун жана белимдин жогорку байламталары үзүлүп кетиптир. Ооруга чыдап турууга мүмкүн эмес эле. Төрт күн бою интенсивдүү терапия алгандан кийин, дагы он күн бою ооруканада жаттым. Бир күнү эрте менен дарыгер мага мени ооруканадан чыгарышаарын жана үйдөн дарыланганга алып барышаарын айтты. — Менимче, бул узун процесс, — деди ал, — ошондуктан сизге үйүңүздө жакшыраак. Биринчи караган көзгө бул толугу менен акылга сыярлык нерседей көрүнөт, бирок дарыгер менин үйүмдүн кандай экенин билгенде, чын эле үйүмө жибере турганына шегим бар эле. Дарыгер өз сунушунун мени тынчсыздандырып жатканын билип калды окшойт: — Атаңыз сизди карай турган бирөөнү таба турганын айтты. — Сиз менин атам менен сүйлөштүңүзбү? — Ооба, биз бардыгы жөнүндө келишип алдык. — Мен мага болгон окуядан кийин аны эч ким таба албайт деп ойлогон элем. Дарыгер менин керебетиме отурду: — Биз аны менен бир канча күн мурда байланыштык. Мен терең дем алдым да: — Айтыңызчы, мен үйүмдө канча убакыт болушум керек? — Менимче, үч жума, балким, төрт. Иштин кандайча жүргөнүн көрөбүз. — А менин сабактарымчы? Экзамендерим жакындап калды. — Менин билишиме караганда, бул тууралуу колледждин администрациясы кам көрүп койду. Азыркы учурда сиз тезирээк айыгуу жөнүндө гана ойлонушуңуз керек. А бул үчүн болсо, төшөктө жатып дарылануу керек. Бирок мени көндүрүү оңойго турган жок: — А мен үйгө кантип жетип алам? — Тез жардам машинасы жеткирип коет. — Юнион-ситинин өзүнө чейинби? Дарыгер, ал жакка чейин эки жүз километрден ашык жол жүрүш керек! — Мына түштөн кийин жөнөйсүңөр. Сизди замбилге бекем жаткырышат да, жолдо кокусунан кыймылдап кетпешиңиз үчүн керектүү чараларды көрүшөт. — Дарыгер менин желкемди таптап койду, анан мен түзмө-түз айтканда, мойнума чейин ооруп, жыйрыла түштүм. — Мени сенин абалыңды барк албай жатат деп ойлобо, уулум, — деп кошумчалады дарыгер, — бирок сен аракет кылып көр… кандай аташ керектигин деле билбей турам… муну пландан сырткаркы каникул деп элестет. Кандай ойлойсуң, сага жагабы? — Жакшысы, мен бул жөнүндө таптакыр ойлобойм. Дарыгер менин акыркы эскертүүмдү уккан болсо деле, ага эч кандай реакция кылган жок. Ал башка пациенттерди да карашы керек болчу жана дээрлик эшиктин алдына жетип калган эле. Мен шыпка тигилип калдым. Талмасы бар адам өзүнө карышуунун мына-мына келе жатканын сезгендей, мен да үйгө баруу эмне экенин жакшы билчүмүн. Бирок анын алдын алыш үчүн колумдан эч нерсе келбейт болчу. Өтмүштөгү каардуу сценалар менин акылымда биринин артынан бири өтүп жатты. Мен апамдын көз жашын көрдүм жана анын келтектерге каршы туруп жаткан алсыз үнүн уктум. Мурдагыдай эле атамдын мойнун кысып жатканымды сездим жана жогорудагы идишинен суу агып жаткан унитазга атамдын башын тыкканымды, полиция адамынын күчтүү колу мени атамдан ажыратып жатканын, атам болсо кан аралаш сууну түкүрүп жатканын эстедим. Мен сыйынганга аракет кылдым. Бактыга жараша, азыр мен Ыйса — тирүү экенин жана мени угуп жатканын билемин. Эң аз дегенде, Аны менен маектешүүдө кайгы жана ырксыздык жок болчу. Ал менин досум жана сооротуучум болчу. Аз-аздан тынчтанып калдым жана болуп өткөн нерсеге башкача көз менен караганга аракет кылдым. Баарынан мурда мен өзүмө атам экөөбүз кандайдыр-бир орток тил тапканыбызды эскерттим. Мен эми ага болгон жек көрүүнү сезбей калдым жана ал тургай ага кээ бир учурда көрсөткөндөрүм үчүн абийирим ашкерелеп жатканын сездим. Мунун баары мага оңойго турбаган жарашууну эскертип жатты. Мен үйгө баргым келген жок. Үйүм — мен болгум келген жер жүзүндөгү эң акыркы жай болчу. ОН ЭКИНЧИ БӨЛҮМ. ҮЙГӨ КАЙТУУ Дарыгер түшкү тамак болгонун эскертти, бирок менде эч кандай табит жок болчу. Менин студенттик жатаканадагы кошунам Дик Пернел оорукананын жанынан өтүп бара жатып, менден кабар ала кетейин деп кириптир, мен ага эми үйдө дарылана турганымды айтып бердим. — Сен жолу болгон жигитсиң! — деди ал. — Сен менин жолу болгон жигит экенимди кайдан чыгардың? — Кантип болбосун: үйдүн тамагы, өз керебетиң, эски досторуң… — Ооба, эгерде ушул тараптан ала турган болсок, анда — ооба, мени жолу болгон адам деп айтууга болот. Мен Диктин жана башка досторумдун менин үй шартындагы жашоом чындыгында кандайча көрүнөөрүн билишин кааладым. Мына сага, ошол учурда палатага «тез жардамдын» замбилин сүйрөгөн эки санитар кирип келбеспи. Алар кара униформа кийип алышыптыр, анан алардын кара кийиминин чагылышынан уламбы, санитарлардын жүзү мага кубарыңкы көрүндү — ошентип мен күтүүсүздүктөн улам селт эте түштүм. Алардын бирөөсү узун бойлуу, экинчиси болсо, андан бир аз кыскараак экен, бирок алардын бетинде окшош кайгылуу түр көрүнүп турду. — Эй, жигиттер, силер өлүк көмүүчү компаниядан келген жоксуңарбы деги? — деп тамашалаганга аракет кылдым. — Силер мени кайда алып барасыңар? Бирок менин тамашам, көрүнүп тургандай, санитарларга эч кандай таасир эткен жок, анын үстүнө сүйлөгөнгө да мажбурлай алган жок. Унчукпастан мени замбилге жүктөштү да, курлары менен байлап коюшту, анан мени оорукананын коридору менен сүйрөп бара жатышты. Дик шашылыш түрдө мени менен кайырлаша баштады. — Жакында көрүшөбүз, Джош! — деп колун булгалады ал коштошуп жатып. — Биз сен үчүн сыйынабыз, досум! Мен ага жооп иретинде колумду көтөргүм келди, бирок мен колумду да, бутумду да кыймылдата албайт болчумун. Шыптагы лампалар карама-каршы багытта жылып баратты, а эки санитар болсо ошол убакта мени тез жардамдын кабыл алуу бөлмөсүнүн кире беришине сүйрөп барышты, ал жерде унаа күтүп жаткан экен. Ал жүрүшү жеңил, кызгылт сары түстөгү «кадиллак» болчу. Бою кыскараак болгон санитар «тез жардамдын» салонунан, менин жанымдан орун алды. — Менин атым Гантер, — деп өзүн тааныштырды ал. Мен анын энтигип калганын байкадым. — Жакшы элесизби? — деп сурадым мен. — Менин насосум канды керектүүдөй айдабай жатат. Дарыгер бул оорунун аталышы да бар экенин айтат, — кандайдыр-бир акылман сөз — бирок мен аны өзүмчө «пульсту жоготуу оорусу» деп атап коем. — Эмне, пульс жоголуп кетеби? Гантер башын ийкеди да, колун алакандан жогору көздөй аарчыды: — Ушул жерде пульс жок, — деди да, мурдун бир аз көтөрүп койду, — ушул жерде да пульс жок. — Сен уникум турбайсыңбы, Гантер, — деп жооп бердим мен. — Басып жүргөн экспонат. А Гантер болсо бир калыптагы үнү менен өз ооруларын санай баштады: — Сол көзүм таптакыр көрбөйт, а оң көзүмдө болсо, кандайдыр-бир ак чекиттер сүзүп жүрөт. Анан дагы башым айланат… эс-учумду жоготуп коем… башым ооруйт… — Ошого карабастан өз жумушуңду аткарасың… Гантер эрдин гана кымтып койду: — Ооба, мени үч жолу тиги дүйнөгө узатышты деп эсептей бер. А мен болсо ар жолкусунда суурулуп чыктым. — Менимче, санитар үчүн бул жакшы сунуш. Гантер каткырып күлдү. Эмне дейин, бул жаман эмес болчу. Анткени биздин алдыбыздагы жол али алыс эле. * * * Бирок, мен жолдун көп бөлүгүндө уктап келдим окшойт. — Биз дээрлик келип калдык, — деди Гантер. — Юнион-ситиден өтүп бара жатабыз. Биз Гантер экөөбүз болгон тез жардам унаасынын салонунда эки тарабында тең узун терезелер бар болчу, анан мен көзүмдүн кыйгачынан карап, биздин шаардын кайсы-бир белгилерин тааный алдым. Мына азыр эле негизги көчөдөн өтүп кеттик: «Реджистер Трибьюн» редакциясы, Хенсли дүкөнү, Уитинг дарыканасы, ошондой эле Фабиано балмуздак кафеси. Жергиликтүү фермерлер сүттөрүн тапшырган май чыгаруучу комбинат. Азык-түлүк дүкөнү. Кайгылуу, белгилүү «Даффи» пиво бары. Мен Сент-Джоривер суусунан чагылган күндүн нурларын байкадым, андан кийин Юнион-Лейк көлүн айланып өттүк. Дагы бир канча мүнөт өттү, анан мен биздин фермабыздан анча алыс эмес жерден өткөн жолго чыкканыбызды түшүндүм. Ферманын өзүнө алып бара турган грунтталган жолго түшкөнүбүздө ар бир чуңкур жана ар бир дөңгөлөктүн изи калган жер мени менен «саламдашууну» чыдамсыздык менен күтүп жаткандай сезилди. Ал тургай өзүмдү азыр ошол ыгы жок кайраттанган, күнгө какталган, ар бири анын күнгө күйгөн жонун достукча таптаганга умтулган жигит сезип кеттим. Кайсы-бир көз ирмем аралыгында менин көзүм биздин үйүбүздүн жанындагы чоң талга түшүп калды. Анын жашыл жалбырактар менен капталган ийилме бутактары бисер пардаларына окшоп теңселип жатты. Жок дегенде бир жагымдуу эскерүү. Тал өсүп жаткандай эле өсүп жатат деген ойдун өзү эле өзү менен кошо күтүүсүз жеңилдөөнү алып келди. Тез жардам унаасы токтоду, андан кийин секиченин дал өзүнө келип, артты көздөй жүрдү. Бирок эч кандай карай турган аял мени күтүп алган жок. Мына сага биринчиси. Жок дегенде атам бизди тосуп чыкса керек? Мен бул жөнүндө ойлоп бүтө электе эле, атамдын тамекисинин түтүнүн сездим, андан кийин санитарларга мени кайда алып барышын көрсөтүп жатканын уктум. Биз үйгө киргенибизде, Гантердин кайрадан энтигип жатканын уктум. — Сен жакшы элесиңби, Гантер? — деп сурадым. Гантер замбилдин өзү жагын түшүрдү: — Сыягы, мен бир аз дем алып алышым керек окшойт. — Сизге эмне болду? — деп атамдын ага кайрылганын уктум. — Анда пульс жок, — деп жооп бердим Гантердин ордуна. — Эмне болуптур? Мен азырынча эч кимди түшүрүп жиберген жокмун, — шашыла сүйлөгөн Гантер замбилдин кармагычын кармай калды. Атам конок бөлмөсүнөн эмерек алып чыкты да, керебетти бардыгынын ага жакындашы оңой боло турган кылып койду. Гантер менен тез жардамдын айдоочусу мени замбилден алып керебетке жаткырышканда, мен бетимди гана тырыштырып койдум. Өзүмдүн үстүмдөгү шыпты карап жатып, атамдын санитарларга жардамы үчүн ыраазычылык билдирип жатканын уктум. Канча-бир убакыттан кийин унаанын кетип баратканын, андан кийин болсо, атамдын бөлмөдө унчукпай турганын сездим. — Карай турган аял кайда? — деп сурадым. — Ал бүгүн келе албай калды. Эртең келет. Мен унчукпадым. Адаттагыдай эле, менин атамдын үнүндө бир нерсе жайында эмес болчу. Ал мурдагыга караганда, бир аз башкача сүйлөп калыптыр. Анан ал кайрадан сүйлөгөндө, кептин эмнеде экенин түшүндүм, — ал соо экен. — Сага бирдеме керекпи? — деп сурады ал. — Азырынча эч нерсе керек эмес. Мен атамдын кадамын уктум — ал акырын конок бөлмөсүнө катарлаш жалпы бөлмөгө чыкты да, өзүнүн сүйүктүү креслосуна отурду. Үйдө таң калыштуу, ал тургай коркунучтуу тынчтык өкүм сүрдү. Андан кийин мен атамдын дагы бир тамекини чегиш үчүн ширеңкени жакканын уктум. Бөлмөдө чымын ызылдап учуп жүрдү. Бардык үндөр өтө эле катуудай сезилди. Мен анын бөлмөдө ары-бери учуп жүргөнүн карап жаттым, анан дарыгер мени үйгө чыгарып жатканда айткан сөздөрүн кокусунан эле эстеп кеттим: «Муну планда жок каникул деп элестет». Баары туура. Анын үстүнө, тез жардам мени ооруканадан алып чыгып кетерден мурда гипноз сеансы деле тоскоол болмок эмес. Канча убакыт өткөнүн жана уктап-уктабаганымды деле айта албайм. Бирок капысынан эле бөлмөдө менден башка кимдир-бирөө бар экенин сездим — ал, эч бир сөз айтпастан, мага карады. Бирок мен аны көрүш үчүн башымды көтөрө алган жокмун. — Ата? — деп чакырдым. — Бул сенсиңби? Жооп иретинде болгону акырын солуктоону уктум. Ал тарапты жакшыраак караш үчүн отурганга аракет кылдым. Бирок катуу ооруп кеттим да, кайра жаздыкка жата койдум. Бөлмөдө ким бар экенин көрүш үчүн күч менен көзүмдү буруу гана калды. Андан кийин көзүмдүн кыры менен атамды көрдүм — ал терезенин жанында бир аз эңкейип турган экен, анын ашказанында бир көйгөйү бардай. Ата. — Сен эмне үчүн ыйлап жатасың? — деп сурадым мен. Ал жооп берген жок. Жооптун ордуна ал бөлмөдө ары-бери баса баштады. Балким ал арактан кийин башы ооруп жаткандыктан өзүн коерго жер таппай жаткандыр,— деп божомолдодум, мурдагыдай эле анын ачык көрүнүп турган соо абалына түшүндүрмө бере албадым. Мага атамдын «Жашыруун араккечтер» коомунун чогулушуна бара баштаганы белгилүү болчу, балким, программа ишке жарап, анын жыйынтыктары көрүнө баштагандыр. А балким ага бирдеме болуп жаткан болсочу? — деп тынчсыздандым. — Анда мен эмне кылам? Мен башымды да жаздыктан араң көтөрө алам. Капысынан атам менин жаныма керебеттин бир четине отура калды. — Ата, эмне болду? — деп сурадым. Мен мурда эч качан аны ушундай көргөн эмес болчумун. Анын көзүнөн аккан жаштар мени чын эле коркутту. Акыры ал үзүлүп-үзүлгөн үнү менен сүйлөдү: — Сен кантип эле… — анын үнү чыкпай калды, анан ал унчукпай турду. Эмнегедир мен аны азыр ордунан турат да, кетип калат деп ойлодум, бирок ал кокусунан эле: — Сен кантип эле… мендей атаңды сүйө аласың… мендей атаңды? — деген фразаны акырына чейин сүйлөдү. Оозумдан сөзүм түшүп калды. Ал бир канча убакытка чейин мени карап, унчукпай отура берди, андан кийин көзүнөн тынымсыз агып жаткан жашты аарчыганын токтотпостон, терезе жакка тигилди. — Ошондо… ошол күнү кафеде… сен мени сүйө турганыңды айттың. — Ооба, ата. Анын көз жашы кайрадан жаңыланып ага баштады. — Бирок кантип? Мен ага эмне деп жооп береримди деле билген жокмун. Башымда ойлор чымын-куюн болуп жатты, бирок керектүү сөздөрдү таптакыр таба албадым. Ал турду да, кайрадан ары-бери баса баштады. — Ата, — дедим акыры. — Ата… Ал токтоп калды. Мен ачык турган терезедеги парданын кыймылдаганын, андан кийин анын кайрадан керебеттин четине отурганын сездим. Көзүмдү көтөрүп, алгач көргөн көзүмө ишенген жокмун. Атамда башкаларга достук сезимин жана жакшы көргөнүн билдирүү адаты жок болчу. Ал эч качан, эч кимге өзгөчө сүйүүсүн көрсөткөн эмес — андан бетер мага. Бирок азыр аны каптап келген сезимдерден улам эс-учунан танып түшө жаздачудай сезилди. — Ата, — деп баштадым кайрадан, андан кийин бир канча убакытка унчукпай калдым. — Мен менин жашоомду толугу менен өзгөрткөн нерсени билип калдым. Кудай адам болуп келген жана Анын аты — Ыйса. Ошентип, ата, Ыйса сенин Ага келишиңди жана Аны менен калышыңды абдан каалайт. Атам менден көзүн албай карап турду жана анын мага таң калганын сездим. Мен ушул учурда башка адамдын оюн билип алуу жөндөмдүүлүгү үчүн көп нерсени берер элем. Ал азыр эмне жөнүндө ойлонуп жатат? Мага ушул учурда убакыт токтоп калгандай сезилди. Андан кийин ал турду да, үйдөн чыгып кетти. Канча убакыт өткөнүн билбейм. Бөлмө жылуу болчу, чымын да ызылдап учканын койгон жок. Балким, атам бөлмөгө кайра киргенде бир саат өткөн чыгар эле. Ал мага эңкейди, мен анын бети дагы деле көз жаштан нымданып турганын көрдүм. Деги ага эмне болду? Эмне үчүн ал тынбай эле ыйлап жатат? — Джош, — деди ал, — эгерде Ыйса менин жашоомдо да, сенин жашооңдо кыла алган нерсени кыла алса, анда мен Аны тааныгым келет. Ыйлоо кезеги мага келди: — Ата, сен Аны өз жашооңо чакырышың керек. Сен Анын алдында жүрөгүңдү ачып, сыйынышың керек. — Сыйынуу деген эмне экенин билбей турам, уулум. — Болгону жүрөгүңдө болгон нерсени Ага айтып бер. Атам башын ийкеди жана жөнөкөй, татаал эмес сыйынууну — ошол «фермердин сыйынуусун», эгерде кааласаңыз: «Кудай, эгерде Сен Кудай болсоң жана эгерде Машайак Сенин Уулуң болсо… жана эгерде Сен менин үй-бүлөмө эмне кылганымды кечире алсаң…» деген сыйынууну айтты. Анын үнү үзүлүп калды. Бирок ал өзүн колго алып, терең дем алды да, анын жүрөгүнөн чыгып жаткан терең кайгылуу сөздөр менен сыйынуусун улантты: «Мен Сенин менин уулумдун жашоосун кандайча өзгөрткөнүңдү көрдүм… эгерде Сен менин жашоомдо да анын жашоосунда жасагандай нерсени кыла алсаң, анда… Сенден суранам… — Атам өз көкүрөгүн койгулап, кыйкырып жиберди: — Суранам, кире көр!». Ый анын көкүрөгүнөн чыкты жана бардык болуп өткөн нерсеге кабыргасы майышып, башын жерге салып калды. Мен да боздоп ыйладым, көзүмдөн жаш агып чыкканда, айланамдагы бардык нерсе сүзүп жүргөндөй, мен болсо суунун астынан, сүзүүчү бассейндин түбүнөн, кайсы-бир өйдө жакты карап жаткандай болдум. Мен бетимдин таптакыр суу болуп кеткенин сездим, бирок эч нерсе кыла алган жокмун, анткени кыймылдай да албайт болчумун. Атам колун сунуп, менин көз жашымды аарчып койду. Бирок менин жүрөгүмдөн суурулуп чыккан, сөз менен айтып бере алгыс кубаныч мени дагы да катуураак ыйлаганга мажбур кылды. Сиз билесизби, кимдир-бирөө өз жашоосун Машайакка тапшырганда, бардыгы башкача боло түшөт. Мен тобо кылганымда, менин ойлорум жана кылык-жоруктарым өзгөрө баштады, бирок дароо эле эмес — бул үчүн бир жылдан ашуун убакыт керек болду. Бирок менин атам Машайакка келгенде, бул өзгөрүлүү бир көз ирмем ичинде болду жана бардыгын өз кучагына алды. Ал менин көз алдымда өзгөрүлүп жатты! Кудум эле кимдир-бирөө анын кымбат баалуу ички мүчөсүнө кирип алып, баса турган чекитин басып койгондой эле, анан мурдагы караңгы бөлмөнү дароо эле жарыктык каптап калды. Күндүн калган бөлүгү байкалбай өтүп кетти. Биз атам экөөбүз сүйлөшүп отура бердик жана кеч кирип кеткиче сөзүбүз бүткөн жок. Уктай турган убакыт болгондо, атамдан терезени ачык калтыруусун сурандым. Мен алыска бара жаткан поезддин үнүн уккум келди. * * * Джиббс аттуу медайым эртеси күнү келди. Ал эпчил жана тажрыйбалуу, бирок таптакыр сүйлөбөгөн адам экен. Анан мен өзүмдөн эгерде ал пландаштырылгандай, бүгүн эмес, кечээ келгенде баары кандайча болмок эле деп сурашыма туура келди. Атам өз сезимдерин ушунчалык ачык айтууга эрки жетмек беле? Бул убакыттын баарын мени менен өткөрүүгө макул болмок беле? Сыйынат беле? Менимче, андай кыла албаса керек эле. Албетте, бул Кудайга гана белгилүү, бирок Ыйык Китепте биз Ага ар бир абал үчүн ыраазычылык келтиришибиз керектиги айтылган. Ошондуктан эми, баарынын кандайча болгонун ойлоп отуруп, Уитондо болуп өткөн кырсык үчүн ыраазычылык билдиришим керектигин сездим, ал кырсыктын айынан мен өмүрүм менен кош айтышып кала жаздагам. Менин төшөктө жаткан режимим үч жумага созулду. Дээрлик ар бир күнү кечинде, Джиббс медайым күндүзгү сменадан кеткенден кийин, атам келип, менин жанымдагы отургучка отурчу. Жай келе турган убакыт жакындап калган болчу, анан күн барган сайын узара берди, узара берди. Атам кубаныч менен менин бардык суранычтарымды аткара баштады. Ал мага машайактык жашоодо кандайча жашаш керектиги жана Кудайга кантип жакса боло тургандыгы жөнүндө суроолорду берди. Ал колдон чыгарып жиберген мезгилдеринин эсесин чыгаргысы келди. Менин Ыйык Китебим бар болчу, атам Жазууну таптакыр билбегендиктен, мен ага өзүнчө ачкычы бар фрагменттерди көрсөтө баштадым. Ал көптү билгендиги менен айырмаланчу эмес, бирок Жазуунун сөздөрү ага түшүнүктүү болду жана анын жан дүйнөсүнө өзгөчө бекем орногон кайсы-бир аятты үн чыгарып окугандан кийин, бөлмөдө терең тынчтык өкүм сүрүп турду. «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коеюн, Менин сөзүмдү угуп, — деп ал бир жолу кечинде Жакан жазган Жакшы Кабарды жай окуп жатты, — Мени жиберген Кудайга ишенген адам түбөлүк өмүргө ээ, ал соттолбойт, анткени өлүмдөн өмүргө өттү» (5:24). — Ыйсага ишен, ата. Кудайга ишен, — деп шыктандырдым мен аны. — Анын сөзүн оку жана ага ылайык жаша. Биз экөөбүз кечелерди ушинтип өткөрүп жаттык, Ыйык Китепти окудук жана окулган нерсени талкууладык. Бир жолу кечинде атам бөлмөгө кирип келди, анын тынчсызданып турган түрүнө караганда, ага бир нерсе болгону анык. Чын эле ошондой болуптур. Бир аз тыныгып алып, ал акыры эмне болгонун мени менен бөлүштү. — Уулум, мен араккечмин жана бул мага жакшы тааныш. Бул адаттан кутулуш үчүн мен «Жашыруун араккечтер» коомуна жазылдым, бирок мурдагы абалга кайтпаш үчүн калган бүт өмүрүм бою дапдаяр болуп жүрүшүм керек деген ой менден эч качан кетпей койгон эле. — Ал мени бир нерсе айткысы келип жатпады бекен деп мага карады, бирок мен унчуккан жокмун. — Ошентип, бүгүн эрте менен мен күрөктү эми алып, уйкананы тазалайын деп жатканда, ушунчалык арак ичким келип кетти. Бул ойдун, бул каалоонун кайдан келгенин билбеймин, анткени ушунчалык күтүүсүздөн жана ушунчалык күчтүү болчу — чыдай алган жокмун, өзүмдү тыйып кое алган жокмун. А акылыма болсо, ичимдикти кайсы жерге жашырып койгонум кирип туруп алды — ошол жерде жарым бөтөлкөдөй арак калган болчу. Анан бардым да, аны таап алып, анча көп эмесин уурттап алдым. Менин бетимде ушунчалык көңүл калуунун белгиси көрүнгөнүнөн шегим жок, анткени атам кийинки сөздөрүн терең ишендирүү менен айтып жатты: — Мына ушундай болду, мен айтып жатпаймынбы: анын кандайча болуп кеткенин ушул кезге чейин түшүнө албай турам, бирок оозума кудум эле ууну алып жаткандай сезим болду… Алгач бул кандайдыр-бир от болгон сыяктуу оозумду куйкалап жиберди. Шарапты да жута албай койдум — ошол замат түкүрүп салдым да, андан кийин бөтөлкөдөгү шараптын баарын акыркы тамчысына чейин жерге төгүп салдым. Мен керебетке отургум келип кетти, эгерде оору катуу болбогондо, так ошондой кылмакмын. — Ата, мен мындай жакшы жаңылыкты көптөн бери уккан эмес болчумун! — деп кубанып кеттим. — Көрдүңбү, эми, Ыйса Машайак сенин жашооңдогу бардык нерсени, жогорудан эң ылдый жерге чейинки бардыгын өзгөрткөнүн? — Ошондой, уулум. Чындыгында эле ошондой. «Жашыруун араккечтердин» кийинки чогулушунда атам бардыгына өзү менен болгон окуяны айтып бериптир. Алардын реакциялары кандай болгонун мага айтып берүүгө абдан шашылды: — Алардын мага канчалык дүркүрөтүп кол чабышканын көргөнүңдө! — деди ал кубаныч менен. Чогулгандардын кимдир-бирөөсү ал кантип ушундай эрктүүлүктү көрсөтө алганын сураганда, атам аларга өзүнүн жүрөгүн Ыйсага ачып бергенин айтыптыр. Ал тургай Ыйык Китептеги аяттан үзүндү келтириптир: «Чарчап-чаалыккандар жана түйшүк тарткандар, баарыңар Мага келгиле, Мен силерге тынчтык берем…» (Мт. 11:28). — Ата, — мен чыдабай кетип, аны сөзүн бөлдүм, — качандыр-бир кезде бул сөздү айта алам деп эч качан ойлогон эмесмин, бирок мен сен үчүн абдан сыймыктанып жатам. Апамдын сенин өзгөргөнүңдү көрбөй кеткени өкүнүчтүү. Атам башын ийкеп гана койду: — Эми биздин топ эки жумадан кийин менин алар менен бирге Джексондогу жергиликтүү түрмөгө барышымды каалап жатат. — Түрмөгөбү? Ошол жердеги камалгандарга өзүңдүн окуяңды айтып бериш үчүнбү? Атам жылмайды да, колу менен менин далымды кысып койду: — Ооба. Күтүүсүздөн мен Уэйн Бейлинин колун менин желкеме арта салганын эстеп кеттим. Ошондо мага, жаш балага, атамдын кыса кучактаганы жетишпейт болчу… деги эле ал тараптан көрсөтүлгөн кандай камкордук болбосун. Таппай жүргөн ошол аталык сүйүүнү… анын өзүнүн убакыт-сааты келмейинче. * * * Уитонго кайта турган убакыт болгондо, менден кабар алганы пастор Логан келди. — Уитонго чейин эмне менен кетем деп ойлоп жатасың? — деп сурады ал. — Менимче, автобус менен жетип алам. — Жок, бул жарабайт. Мен сени өзүм жеткирип коем, — каршылык көрсөтүүгө жол бербеген үн менен сүйлөдү менин досум жана насаатчым. — Жол жакын эмес да, мырза, — дедим мен. — Бирок жагымдуу дос менен, — деп көшөрө кайталады ал. Мен бакытка балкып жаттым. Атам Ыйсаны кабыл алганда, дароо пастор Логанга телефон чалдым, ал таң калды жана бул жаңылыкка абдан кубанды. Мен аларды ушунчалык тааныштыргым келди, бирок муну кантип ишке ашырууну билген жокмун, анткени мени менен болгон окуядан кийин, жыйынга бара алгыдай абалда эмес болчумун. Эми мен муну Уитонго кетердин алдында ишке ашыра алдым. Баары өз-өз жолу менен болуп жаткандай болду. А бир канча күндөн кийин Ларри Майнор жана менин Бэттл-Криктеги бир канча досум Мичиган көлүндөгү Бентон-Харбор табиятында дем алыш күнүн өткөрүп келүүгө чакырышты. Мени карап жаткан аял биринчи жолу үйдөн чыгып жатканыма байланыштуу моюн бандажын тагып алышым керектигин айтып туруп алды. Биз пляжга барарыбыз менен волейбол ойной баштадык. Бирок биринчи эле секундаларда тобокелге салып жатканымды — катуу оору ошол замат өзү жөнүндө кабар бергенин түшүндүм. Мен четке чыгып, бир аз убакытка өзүмдү алсыз аксакал катары сезип, чөптүн үстүндө эс алганыма да ыраазы болушум керек болду. Бирок баары бир башкалардын кызыктуу оюнуна кошула албаганыма бир аз тынчсызданганым менен, менин кайгыруум көпкө созулган жок — айланамда ошончо сонун нерсе бар эле, ошондуктан мендеги ыраазы болуу сезими ашып-ташып төгүлүп жатты. «Бала бакча!» — деп кыйкырдым досторума, топту кармаш үчүн алардын кумга чүмкүп, оюнга баш-оту менен кирип кетишкенин карап отуруп. Көлдүн көгүлтүр суусу күндүн астында жалт-жулт этип жатты. Көзүмдү жумуп, Кудайга улуу жана кичинекей нерсенин баары үчүн мактоо арнап сыйындым: атамдын куткарылганы үчүн, өзүмдүн далымдан өткөнүн сезип жаткан күндүн жылуулугу үчүн. Дагы эки-үч күн бар — анан мен студенттик жашоонун айлампасына кирип кетем, анын контролдук иштерине жана жыйынтык экзамендерине. Бирок мен азыр дагы канча нерсенин эсесин толтуруу керектигим жөнүндө ойлонгум келген жок. * * * Кетишим белгиленген ошол күнү мен таң атаары менен туруп алганмын. Тез аранын ичинде эле мотордун үнү угулду — бул пастор Логандын унаасы, ал аны биздин үйүбүздүн алдындагы көк чөптүү жерге токтотту. Атам эшикти ачып, менин буюмдарым салынган баштыгымды көтөрүп, аны көздөй шашылды. — Саламатсызбы, Макдауэлл мырза, — деди пастор Логан, унаасынан чыгып, секичеден жогору көздөй чыгып келе жатып. Эркектер кол алышып учурашышты. — Акыры сиз менен таанышканыма кубанычтамын. Мен сиз тууралуу уулуңуздан көп нерсени уктум. Атам көздөрүн ала качып кетти: — Бул сөздөр өтө жакшы эмес сөздөр болгон болсо керек деп коркуп турам. — Эмне деп жатасыз, мырза! Таптакыр андай эмес. Мен да босогого чыктым: — Сенин руханий атам, пастор Логан менен таанышып алганыңды көрүп турам, — деп атама кайрылдым. Ал башын ийкеди: — Андай болсо, мен да эми сенин руханий уулуңмунбу? Туурабы, Джош? — деп сурады ал, мага көзүн кысып. Анан пастор Логанга жылмайды да, минтип кошумчалады: — Анда сиз, менин руханий чоң атам болосузбу? Пастор Логан каткырып күлдү да, экөөбүздү тең кучактады. — Биз баарыбыз — Кудайдын балдарыбыз, — деди ал, анан биз унааны көздөй жөнөдүк. — Сизди жыйындан көрөм деп үмүт кылам, — деп кайрылды пастор Логан атама. — Келиңиз, биз сизди күтөбүз. — Аракет кылам, — деп жооп берди атам. — Менин бардык бош убакытым «Жашыруун араккечтердин» чогулушуна кетет. — Бул дагы керектүү иш, ата. Бирок эсиңден чыкпасын, силер ошол «Жашыруун араккечтердин» тобунда айткан Кудайдын Күчү жөнүндөгү сөздөр болгону Ыйса Машайакты көрсөткөн башка сөздөр болуп саналат, — деп сөзгө аралаштым, бирок пастор Логандын этияттаган көз карашын байкап, теманы өзгөрткөнгө шашылдым: — Айтмакчы, жыйын Факторивилль-роудда жайгашкан. Сен бул жолдон дайыма эле каттап жүрөсүң, ошондуктан адашып кетпейсиң. Атам эшикти ачып, менин унаага отурушума жардам берди. — Кетип жатканың өкүнүчтүү, уулум. Сени менен болуу мага абдан жакшы болду. — Мен сенин түнкү столуңа Ыйык Китепти калтырып койдум, ата. Аны ар күн сайын окуйм деп сөз бересиңби? — Сөз берем. — Мен үчүн сыйынганга да, ээ? — Сөз берем. — Мен дагы сен үчүн сыйынамын, ата. Пастор Логан унаасын жүргүзгүчө, атамды карадым жана көзүмдү ала албай жаттым: — Мен сени сүйөмүн, ата. Жооп иретинде күчүнүн барынча колумду кысып: — Мен да сени сүйөмүн, уулум, — деди. — Мен жайында келгенде, бирге балык тутканы барабыз. — Абдан сонун болмок! — Анда, келиштик! — деп коштошуу үчүн ага кыйкырдым. Кетип бара жатып, акыркы жолу атамды карап алыш үчүн арт жакты көрсөткөн күзгүнү бурдум. Мен анын секичеде туруп, биз тарапты карап, унаа бурулуштан бурулуп, көрүнбөй калгычакты кол булгалап турганын көрдүм. Иллинойско чейинки жолдо пастор Логан экөөбүз жол катар сүйлөшүп келдик жана сөзүбүз түгөнгөн жок. Биз убакыттын өлчөмүн гана жоготуп койбостон — пастор Логан спидометрди да көз жаздымында калтырып коюптур. Биздин артыбыздан кызыл-көк жарыгын жандырган полициянын унаасы бакырып келе жатты, анан тез эле биздин унааны четке чыгарды. — Саламатсызбы, мырза, — деди полиция адамы пастор Логанга, ал терезесин ылдый түшүргөндө. — Кичи пейилдикке айдоочулук күбөлүгүңүздү көрсөтүңүз. Пастор Логан полиция адамына күбөлүгүн сунду. — Эмне болду, офицер? — деп сурады ал. Полиция адамы айдоочулук күбөлүккө карап, адаттагы абалында сүйлөдү: — Тосулбаган мектеп короосу — балдар көчөдө пайда болуп калышы мүмкүн. А сиз болсо, мектепке жакын жерде ылдамдыкты ашырып жибердиңиз. Арт жакта эскертүүчү белги турат. — Мен аны көргөн жокмун, — деди пастор Логан. — Эмне болуптур? Белги турат да. — Аны байкабай калганыма абдан өкүнөм. Анда эмне көрсөтүлгөн болчу? — «Балдар. Чектелген ылдамдык 40 км/саат», — официалдуу үн менен айтты офицер, квитанцияны жазып, аны пастор Логанга берип жатып. — Сиз болсо алтымышта бара жаткансыз. Ошондуктан азыр сотко барыңыз да, айыппулду төлөп коюңуз. — Же болбосо каршылык көрсөтүңүз, — дедим мен. Полиция адамы мени жакшыраак караш үчүн эңкейип, терезени карады: — Бул жерде каршылык көрсөтө турган эч нерсе жок, жигит. Бул жерде баары экини экиге көбөйткөндөй анык. — А муну биз али сотто карап көрөбүз, — деп акырын айттым мен. — Сен эмнени айтып жатасың? — деп шыбырады пастор Логан, мага коркуу менен карап. Жооп иретинде мен ага жылмайып гана койдум. — Ошондой болгон болсо, менин артымдан жүрүңүздөр, — деди полиция адамы, өз унаасын көздөй басып. Болуп өткөн окуяга үрөйү учкан пастор Логан тезирээк эле айыппулду төлөп, бул нерсе тууралуу унутканга шашылды, бирок менде бул тууралуу башка ой бар болчу. Менин соттогу коргоп сүйлөгөн сөзүм жөнөкөй жана аз сөздүү болду: — Урматтуум, белгиде «Балдар. Чектелген ылдамдык 40 км/саат» деп көрсөтүлгөн, бирок биз ошол райондон өтүп бара жатканда, ал жерде болгону бир гана бала бар болчу. Сот столдон көзүн алып, мени карады: — Сиз эмне жөнүндө айтып жатасыз? — Белги тууралуу, урматтуум… Айдоочуларга ылдамдыкты азайтуу керектигин эскерткен белги апачык түрдө: «Балдар» деген сөздү билдирип жатат. Башкача сөз менен айтканда, бир канча — бирден көп бала болгон учур жөнүндө. Бирок, мен бир аз мурда эскертип кеткендей, тартип бузуу болгон учурда тротуарда бир гана бала бара жаткан болчу. Көрүп турганыңыздай, урматтуум, кадырлуу пастор белгиде көрсөтүлгөн жол эрежесин таптакыр бузган жок. Сот бир канча убакытка чейин мени унчукпай карап турду, андан кийин көзүн пастор Логанга буруп, анан акырында бизге айыппул салган полиция адамына карап: — Мен бул жерде канча жылдан бери сот болуп иштеп келе жатам? — деди. — Айта албайм, урматтуум. Бирок мен бул жерге полиция болуп кызмат кылганы келгенимде, сиздин иштегениңизге көп болгон экен. — Уулум, — деди сот, мени баалаган көз карашы менен карап. — Сенин далилдериң юридикалык көз караш менен канчалык салмакка ээ экенин билбеймин, бирок сен мени факты менен жыга чаптың! Бул мен Ла-Порт аймагында сот болуп иштеген ушунча жыл ичинде биринчи жолу көрүп жаткан коргоонун эң эле өзгөчө линиясы болуп отурат. Иш жабылды. Биз соттун залынан чыкканда, пастор Логан кубанганынан менин далымды таптап: — Юрист деген мына ушундай болушу керек! Эми сенин бул кесипти бекеринен тандап албаганыңды көрүп турам. Пастор Логандын сөзүнөн улам, мен көкүрөгүмдү түздөп алгым келди. Анын унаасына жакын келип, эшикти жабаардан мурун, мен полиция адамына атайылап сылык баш ийкеп койдум. Уитонго келгенибизде пастор Логан мага «Жети эргежээл» деген ресторандан түшкү тамакты алып берди. Тамакты жеп бүткөндөн кийин, десерт үчүн мен чалынып көбүртүлгөн каймагы бар бананды буюртма кылдым. Ошол убакта менин досторум Дик Пернел менен Фрэнк Кифер бизди кампустан анча алыс эмес жерден ижарага алган үйүбүздө күтүп жатышкан болчу, алар менин жайгашышыма жардам беришти. Окуу жылынын аякташына болгону бир эле ай калган болчу. Мен баш-отум менен киришип, экзаменге даярданышым керек эле, бирок бардыгын эч кандай проблемасыз тапшырып алдым. Эми кийинки окуу жылынын перспективасы эч кандай тынчсызданууну жаратпагандан кийин, мен атама телефон чалып, кайырмакты сала турган мезгил келгенин айттым. ОН ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ. 1961-ЖЫЛДЫН ЖАЙЫ Менин үйгө кайтып келгендеги биринчи жумам атам экөөбүз өзүнүн үйдүкүндөй тамактары менен белгилүү болгон Макрэй ресторанына эрте мененки тамакты жегени барганыбыз менен башталды. Атама: «Кутмандуу таңың менен, Уилмот. Көптөн бери көрүшкөн жокпуз!» — деп салам берген мага тааныш үндү укканымда, мен тоодой үйүлгөн блинчикке эми гана кол салганы жаткан болчумун. Бурулуп караганымда биздин жаныбызда Остин мырзаны, атамдын досторунун бирин, көрдүм, ал Сент-Джозеф-стриттеги автоустакананын ээси болчу. — Мен ушул жерге силер менен бирге отурсам, каршы эмессиңерби? — деп сурады Остин мырза. — Албетте, — деди атам, өзү отурган дивандан жылып, ага орун бошотуп жатып. — Силер таанышсыңарбы? — Бул Джош. — Албетте, таанышпыз, — деди Остин мырза, мага столдун үстүнөн колун сунуп жатып: — Үйгө жайкы каникулга келдиңби? — Ооба, мырза. Эми гана үчүнчү курсту бүтүрдүм. — Эмне дейин, туура. Менимче, окуу — керектүү иш, — деди Остин мырза. Мурдагыдай эле уулуң менен бирге иштеп жатасыңбы, Уилмот? — Зарылчылык жок. Эми фермада жумуш анча деле көп эмес. Анын үстүнө Кыска бой өзү эле баарын эң мыкты башкарып жатат. — Ооба, кабарым бар. — Анан Остин мырза кайрадан мага кайрылды: — Иштегиң келеби, уулум? Мага ишти жакшы билген механик керек. — Рахмат, Остин мырза, мага өзүмдүн фирмамдагы жумуш деле жетишет. — Ал кандай фирма? — «Биринчи сырдоочу компания», — деп атам менин ордума жооп берди. — Эми ал үчүн бүтүндөй бригада иштеп жатат. Анын көпчүлүк бөлүгү жаштар, алардын баары акылдуу студенттер. Остин мырзанын скептикалык күлүмсүрөшү жашынып кала алган жок: — Мага калса, мен да көз айнек тагынган ошол тантыктарды жумушка алмак эмесмин. — Эмне үчүн? — деп кызыктым мен. — Алар өтө акылдуулар. Аларга сөз айтууга болбойт. — Бирок сиз мага жумуш сунуш кылдыңыз го, Остин мырза. — Мына көрдүңбү? — Остин мырза атама кайрылып, колун жаңсады. — А мен эмне жөнүндө айтып жатам: кишиге сөз беришпейт! Биз үчөөбүз тең анын тамашасына күлүп калдык. Ал аңгыча биздин столго официант кыз келип, менюну берди: — Дагы кофе ичесизби, Остин мырза? — Албетте, — деп жооп берди ал, ал кофе куйсун үчүн, ага чөйчөгүн сунуп жатып. — А сен жаман көрүнбөйсүң, Уилмот. Ал тургай абдан жакшы. Сени менен жашап жаткан ошол аял кайда? Атам мени карай калды: — Ал азыр Такомда. Бирок июлдун биринчи жарымында кайтып келет. — Сен ким жөнүндө айтып жатасың, ата? Ким ал? — деп сурадым. — Берта. Берта Симпкинс. Мен ал жөнүндө кийинчерээк кеңири айтып берем. — Сөзсүз айтып бер, — деп башымды ийкедим. Остин мырза бул убакта ойлонуп, кофесин кашык менен аралаштырып отурду: — Эмнегедир сен, Уилмот, «Даффиге» келбей койдуң. — Менде башка жакшыраак жумуштар пайда болду, Фрэнк. — Ооба-ооба, менин кабарым бар. — Анан да бул бардыгы эмес, — деп улантты атам. — Бул жөнүндө да мага айтып жетишишти, — деп жооп берди Остин мырза эрдин кымтып. — Биз сени менен качандан бери таанышпыз, Фрэнк? Остин мырза кофесинен бир аз ууртап: — Эгерде жыйырма жыл деп айтсам, жаңылышпасам керек, ашык эле айтып салбасам. Мен ал тургай тигинин качан жарык дүйнөгө келгенин деле билем, — деди Остин мырза, мен тарапка башын ийкеп. — Ошол күнү кечинде сенин атаң «Даффиде» баарыбызды тамеки менен сыйлаган. — Мен туулган күнү досторун тамеки менен сыйлаганбы? — деп кайталап сурадым мен. — Башка-бир тамеки менен да эмес, а чыныгы Гавана менен, — деди Остин мырза, атамды бир да сөз айттырбай. — Анан баарыбызга үч жолудан, ал тургай төрт жолудан ичкилик алып берген, мына ушундай! — Ошондой болгонунан шегим жок, — деди атам, — Бирок сага бир нерсени айтып коеюн, Фрэнк: эгерде азыр мен силердин ар бириңерге бир нерсени сунуш кыла алганымда, ал Ыйса болмок. Ал менин жашоомду түп-тамырынан бери өзгөрттү. Анан да бул үчүн мына ага — менин уулума рахмат. Остин мырза дароо мени карады: — Мына, бардыгында күнөөлүү адам бул жакта турбайбы. — Ал эч нерседе күнөөлүү эмес, — деп жооп берди атам, мен бирдеме деп айтаардан мурда. — Уулум өз убагында Теңирге ээ болгону үчүн Кудайга даңк! Андай болбогондо, мен азыр деле шаардын арыктарында чочкодой мас болуп оонап жатмакмын. — Мен тамашалап койдум, Уилмот, — деди Остин мырза. — Шаарда сен жана сенин өзгөргөнүң тууралуу гана сөз болуп жатат. Алардын айтышынча, жакшы тарабына. — Сен өзүң кандай ойлойсуң, Фрэнк? Мына мен сенин алдыңда отурам. Менин өзгөргөнүм көрүнүп турабы? Бирок Остин мырза унчукпастан кофесин ичип отура берди. Анын бул суроого жооп берүүгө ниети жок экени көрүнүп турду. Бирок атам да чегинип бергиси келген жок: — Теңир мен үчүн кылган нерсени сен үчүн да кыла алат, Фрэнк. Кудайда, сенин билип коюшуңду каалайм, өзгөчө сүйүктүүлөрү жок. Ал биздин бардыгыбызды бирдей сүйөт. Ал айкаш жыгачта мен үчүн өлгөндөй эле, сен үчүн да өлгөн. Достордун көзү бири-бирине чагылыша түштү, анан атам бир саамга унчукпай калды, андан кийин: — Сен азыр эле Ага келсең эмне үчүн болбосун, Фрэнк? Бул сөздөрдөн улам Остин мырза кызарып да кетти: — Сен эмне деп жатасың? Ушул жерде, дал ушул жерде деп жатасыңбы? — Эмнеси бар экен? Татыктуу эле жер, башка жерден эч нерсеси менен кем эмес. — Айтмакчы, «Ага келүү» дегенде сен эмнени айткың келип жатат? — Ага өз жашооңду бер. Ага өз жүрөгүңдүн ачкычын бер. Ага сүйүү менен кел. — Кудай жалгагыр, Уилмот! Бул кандайча сөздөр деги? Жакшысы, сен аларды жыйын үчүн сактап кой! — Эгерде мен аларды жыйын үчүн сактап койсом, Фрэнк, анда бул жөнүндө сага айтып берүү мүмкүнчүлүгүм калбай калат го. Күтүүсүздөн официант кыз буюртма алыш үчүн дагы биздин столубуздун жанында пайда боло калды: — Сиз өзүңүз үчүн бирдеме тандадыңызбы, Остин мырза? Ал көзүн менюга бурду: — Мага да буларга алып келгениңизди алып келиңиз, — деди ал, — анан үчөөбүз үчүн төлөнчү эсепти да дароо ала келиңиз. — Сен эмнени ойлонуштуруп жатасың, Фрэнк… — деп атам каршы болду. — Мен ушундай чечтим, — деп жооп берди Остин мырза. — Эмне, каршылыктар барбы? — Мен тараптан — эч кандай, — деп чечтим да, алардын сөзүнө аралаштым. Ошол күнү эрте менен Фрэнк Остин Ыйсаны кабыл алыш үчүн сыйынган жок, бирок атам Жакшы кабардын жиберилишин түшүндүрүп берип жатканда, ал атамды абдан көңүл коюп укту. Тамакты жеп бүтүп, чыгып бара жатканыбызда, бизди ар ким чакыра берди, алардын ар кимиси атам менен сүйлөшкөнгө же болбосо жөн гана саламдашып коюуга умтулуп жатышты. Кичинекей шаарда жаңылыктар бат эле тарай түшөт, а негизги жаңылык болсо, Уилмот Макдауэлл эми — таптакыр башка адам болгону эле. Менин жашоомдо элдин алдында атам менен бирге жүргөнүмө кубанган учурум дагы кайсы мезгилдерде болгонун эстей да албайм. Шаардык араккечтин уулу — мунун канчалык жаман абал экенин сөз менен айтып бере албайм! Кээде апам мени күчкө салып, аны таап үйгө алып кел деп үйдөн кууп чыккан. Атамды таптакыр өзүн билбей калган абалда тапкан күндөрүм болгон: ал үй-жайсыз селсаяктарга окшоп, көчөлөрдүн бурчунда оонап жатчу, мен андай селсаяктарды Чикагонун ыпылас чет жакаларынан көргөнмүн, анда Уитондогу студенттердин тобу менен үй-жайы жокторго кызмат кылыш үчүн волонтер болуп барган элек. Эми мына, өмүрүмдө биринчи жолу мен — Уилмот Макдауэллдин уулу экениме сыймыктанып турам. Ал аз-аздан Юнион-ситинин кадыр-барктуу адамынан боло баштады. Антпесечи — анткени башка адамдар да андан үлгү алып, жакшы жагына өзгөрө баштабадыбы? Анан да мен анын түрмөгө барып, Машайактагы жаңы жашоосу жөнүндө айтып бергени түрмөдөгүлөргө да ушундай таасир калтырганын билгендиктен айтып жатам. Биз ресторандан чыгып, күн нуруна малынган шаарыбыздын негизги көчөсүнө түшкөнүбүздө, мага Кобб мырзанын жекече тобо кылуунун күчү жана Машайактын жолдоочуларынын өзгөрүлгөн жашоосу Ыйсанын — теңирлердин Теңири жана падышалардын Падышасы экендигинин улуу күбөлөрүнүн бири болуп калганы жөнүндө айткан сөздөрү эсиме түштү. Менин атам Ыйса Машайактын шакирти болуп калды! Мындай нерсеге ким ишене алмак эле? Менин өзүм үчүн да күтүүсүз болгон мындай сөздөр суурулуп чыкты: — Ата, мен сени сүйөм. Эч кандай шартсыз. Эч кандай эскертүүсүз. Атам токтоду да, бир канча убакытка унчукпай калды, оюнда менин сөздөрүмдү кайталап жаткансыды. Акыры жооп берди: — Мен дагы сени сүйөм, уулум. Биз көчөдөн акырын басып, менин унаама келдик. — Мага Берта жөнүндө айтып берчи, — деп сурандым. — Берта жөнүндөбү? — Ооба, сен жашап жаткан ошол аял жөнүндө. Антпесе, мен бардык нерсе жөнүндө эң акыркы билген адам болуп калам. — Анын аты Берта Симпкинс, — деди атам. — Биз кийинки айда үйлөнгөнү жатабыз. — Эмне-эмне? — деп жибердим, таң калганымды жашырып тура албай. — Анын эмнеси бар экен? — атам мен бул сөздөрдү айткандагы басымды баамдабаганы билинип турду. — Сен үйлөнгөнү жатасыңбы? — Ооба. А сен кандай дейсиң? Мен жооп берген жокмун. Менимче, мени анын бул сөздөрдү айтып жаткандагы жылмаюусу көбүрөөк ыза кылды окшойт. Үйлөнгөнү жатабы? Ооба, мен ага бакыт тиледим, бирок баары бир мени эң карама-каршы сезимдер кыйнап жатты. Жерден суурулуп бергиси келбегендиктен, топуракка бекем жабышып алган тамыр сыяктуу менин жүрөгүмө кандайдыр-бир таарыныч орноп алды. Ал апам жөнүндө жана анын жашоосун кандайча уулаганы жөнүндө, андан үй-бүлөлүк бакытты тартып алганы жөнүндө таптакыр унутуп койгон окшойт… Анан ушунун баарынан кийин, үйлөнгөнгө батынып жатабы…? Бирок мен өзүмдүн бул ойлорумду басканга аракет кылдым. Жолдун калган бөлүгүндө унчукпай келе жаттык. Атам дагы менин эмнеге унчукпай калганымды такып сураган жок. Аны түшүрүп коюп, мен андан ары Атенс шаарчасына кетип калдым, ошол учурда менин бригадам ал жакта үй сырдап жаткан болчу. Мен бара жаттым, акылымда болсо айткан сөздөрүм кайталанып жатты: «Шартсыз сүйүү, — кайра-кайра кайталай бердим, — эч кандай эскертүүсүз». Атам экөөбүз Макрэй ресторанынан чыкканыбыздан жана мен бул сөздөрдү чын жүрөгүмдөн айтканымдан бери бир саат да өтө элек! Мына эми менин чынчылдыгым сыналып отурат. «Мен Машайак менен кошо айкаш жыгачка кадалгам, — деп жазган апостол Пабыл, — азыр мен жашап жаткан жокмун, менин ичимде Машайак жашап жатат» (Гал. 2: 19 ду караңыз). Ооба, мен жашап жана дем алып жатканмын, бирок Ыйса менин ичимде беле? Мен да качан өлүп, Теңир мени Өз жолуна багытташына жол берем? Мен бул суроолорго жооп бере алган жокмун. Жакынкы жекшемби күндө мен атамды Факторивиллдеги «Ыйык Китептик» жыйынга чакырдым. Кызматтан кийин мен аны Линн жана анын үй-бүлөсү менен тааныштырдым. — Менин уулума турмушка чыкканы жатасызбы? — деп көпкө ойлонбой туруп эле кызыкты ал. — Ата! — антпеңиз дегенсип башымды чайкадым. «Акылында эмне болсо, тилине да ошол чыгат» деп таптак менин атам сыяктуулар үчүн айтылган экен. — Эмнеси бар экен? Ушундай сулуу кыз, анын үстүнө жыйынга барат! Сага дагы эмне керек? — Чын эле, — деп жооп берди Линн эч нерсе болбогондой, — менимче, сиздин уулуңуз да — мен тааныган жаш адамдардын ичинен эң жакшысы. Анан аны менен дос болгонубуз — мен үчүн чоң сыймык. — Мына көрдүңбү! — деди атам, Линн аны колдогонуна ыраазы боло. А мен эмне жөнүндө айтып жатам? Ал өзү да сага турмушка чыгуудан качпайт экен. — Сиздерди калтырып кетсек, бизди кечирип коесуздарбы? — деп мен Линнге жана анын туугандарына кайрылдым да, атамды жыйындан алып чыгып кеттим. — Биз кайда барабыз, уулум? — деп сурады атам, мен аны чыканагынан бекем кармап, четке алып чыкканымда. — Ачык асман астында кайсы-бир жерден түштөнөбүз, — деп кыска жооп бердим. — Эң сонун! Анын үстүнө бүгүн күн да сонун болуп турат. Күн чын эле сонун болуп турган. Дарактар жапжашыл кооз түскө боелуп, күн булуттардын арасынан өзүнүн ачык нурларын төгүп жаткансыды. Мен радиону койдум да, айдоочунун отургучуна жөлөндүм: — Билесиңби ата, мен көптөн бери кайда баргым келип жүрөт? — Айта бер, мен сени көңүл коюп угам. — Апамдын мүрзөсүнө. Мени менен барасыңбы? — Албетте — эмне үчүн барбайт экенмин? — А ал кайсы жерге көмүлгөн? — Эмне, сен эстей албайсыңбы? Мен башымды чайкадым: — Эсимде жок, ата. Армияда жүргөндө башыма тийген нерседен улам менин эсте тутуума бир нерсе болгон. Канча-бир убакыт бою менде амнезия болгон. — Мен муну билген эмес экенмин. — Мен сага эми айтып бердим го! — таарына сүйлөдүм мен. — Менде да амнезия болгон окшойт, — акырын айтты атам. — Бирок башка себептерден улам. — Кыскасын айтканда, мен ошол мезгилде болгон көп нерсени эстей албайм, — деп кошумчаладым. — Апамды кантип көмгөнүбүздү болсо, таптакыр эстей албайм. Таптакыр эч нерсесин. — Макул анда, кеттик. Бул жайдан чыгабыз да, дароо солго бурулабыз, — деп буйрук берди атам. Он беш мүнөттөн кийин биз мүрзөгө келдик да, унаадан түштүк. Атам мени апамдын аты жазылган жөнөкөй эстелик тургузулган мүрзөгө алып келди. Мүрзөдө гүлдөр жок эле, аны чөптөр каптап калган экен. Биз куштардын чыртылдаганын жана гүлдөп турган ирга менен кизиланы терметкен жайдын жылуу шамалынын жеңил ышкырыгын угуп, унчукпай турдук. — Балким, мен бул жерге тез-тез келип турушум керек беле, — деди атам. — Эмне үчүн? — деп сурадым. Атам менин суроомо жооп берген жок. — Сенден сурангым келип жатат — менин да кезегим келгенде, мени ушул жерге, апаңдын жанына кой, — деди да, эңкейип отоо чөптөрдү жула баштады. — А Берта эмне болот? — Ал түшүнөт, — деп гана жооп берип койду. Атамдын мүрзөнү тазалашына жардам бердим. Бир жумадан кийин биз кайрадан бирге келдик жана эстеликтин жанына гүлдесте койдук. * * * Күтүп жатканыбыздай, Берта тез эле шаарга кайтты. Анын жанында бир канча убакыт жашап көрүп, таптакыр башкача аял экенин көрдүм. Ал менин атама жакшы мамиле кылган ак ниеттүү жана мээримдүү аял экен, — бир сөз менен айтканда, ага ушул тапта керектүү болгон адам экен. Чынын айтсам, алар үйлөнгөндөн кийин, анын үйдө жүргөнү мени эмнегедир бир аз кыжырданта баштады. Мен өзүмдү колго алганга аракет кылсам деле, алардын үй-бүлөлүк бакыты мага такыр тынчтык бербей койду. «Жаңы Уилмотко» ээ болуу укугу бир гана ага берилген эле, атамдын мүнөзүндөгү жакшы өзгөрүүлөрдүн бардыгы. Апам болсо мурдагы, араккеч жана жаңжалчы атама ыраазы болушуна туура келген эле. Бир күнү жайдын жылуу кечинде, менин туулган күнүмө аз калганда, атам үйдөн чыкканда, мен верандада жалгыз отурган элем. — Сени менен бирге отурсам каршы болбойсуңбу? — Бул сенин үйүң, ата. — Менин көп күнүм калган жок, уулум, — деди ал, өзүнүн сүйүктүү селкинчек-креслосуна отуруп жатып. — Сен эмне дегиң келип турат? — Менин көзүм өткөндө, бул үй силерге, менин балдарыма, таандык болот. — Сен али көп жашашыңдан шектенбейм, ата. Сенин үйүң балдарыңа керек эмес. — Ооба, сен туура айтасың. Көптөн бери бул жерде эч ким боло элек. — Өкүнүчтүү, — дедим, атамды кайраттандырганга аракет кылып. — Алар жаңы сени көрүшкөндө кана. Айтмакчы, Кичинекейден кабар барбы? — Кичинекейденби? Ал Ист-Лансингге көчүп кеткен. Мен буга таң калган жокмун. Кичинекей бизден аялы жана «үйү» менен бөлүнүп кеткенден кийин, бардык үй-бүлөлүк байланыштарыбыз дээрлик үзүлүп калган болчу. Менин ал жөнүндө акыркы укканым — Мичиган штатындагы университеттеги сабактарга катышыш үчүн, Ист-Лансингге көчүп кеткени болчу. Анын бул шаарда тамырын жайганга жетишкенинен шектенбейм. Мага Кичинекейдин финансылык жактан жетишкендиги тууралуу кабар да жетти. — Ата, мен бир нерсе тууралуу көптөн бери сенден сурагым келип жүрөт. — Бере бер. — Кичинекей экөөңөрдүн ортоңордо дөбөдө болгон ошол жаңжал… — Мен аны дээрлик унутуп деле койдум. — Бирок жаңжалдын өзү эсиңде болсо керек? — Ооба… жалпысынан алганда. — Ата, сен Кичинекейге ферманын жарымын чын эле бердиңби? Атам жооп берерден мурда бир канча убакытка чейин креслосун селкилдетип отура берди: — Сен Кичинекейдин сегиз саат бою иштегенин, анын үстүнө бекер иштегенин түшүнүшүң керек… — Сен баары бир ага ферманын жарымын бердиңби? — дедим, анын сүйлөп бүтүшүнө жол бербестен. — Джош, эгерде Кичинекей болбогондо, биз бүтүндөй фермадан куру кол калмакпыз. Менин ошондо кандай болгонум сенин эсиңде да. — Албетте, эсимде! — Кайсы-бир нерсе менин бул теманы токтотушум керектигин айтып жатты, бирок мен токтой алган жокмун: — Ошого карабастан сен Кичинекейдин Мичиган университетиндеги окуусу үчүн акча төлөдүң, ушундайбы? Атам башын ийкеди: — Сенин эжең Джундун окуусу үчүн да апаң экөөбүз акысын төлөгөнбүз. — Бирок менин колледжде окуй турган убакытым келгенде, сен мага жардам бере албагыдай абалга түшүп калгансың. — Сенин колледжде окуй турган мезгилиң келгенде, уулум, мен банкрот болуп калган болчумун. Менде дээрлик эч нерсем калган эмес эле. — Демек эч нерсе калган эмес эле, — дедим коюланып бараткан күүгүмдү карай. — Эч нерсе деп айтса болот. — Электр жарыгы үчүн да төлөй алгыдай эч нерсе калган эмес беле? — деп сурадым, анын жообуна какшыктай, мен ал кезде Келлога колледжинин биринчи курсунда окучу элем жана акчамды үнөмдөш үчүн үйдө жашагым келген. Атам термелгенин токтотту да, башын шылкыйтты: — Өзүм үчүн уялып турам, Джош. Мен туура эмес кылганмын. Бул үчүн мени кечиресиң деп үмүттөнөм. Өзүмдү колго аракеттенип, жооп берген жокмун, азырынча, кийин өкүнүп калгыдай сөздү айта элекмин. Чегирткенин чырылдаганы жана үйдөн чыгып жаткан телеберүүнүн араң угулган үнү жымжырттыкты толтуруп турду. Атам кайрадан термеле баштады. — Азыр Кичинекей эмне менен алек болуп жатыптыр? — деп сурадым. — Камсыздандыруу полистерин сатып жатат, — деди атам. — Чын элеби? Мен аны агрономдукка окуп жаткан болсо керек деп ойлогом. — Ошондой болду. Бирок кайсы-бир учурда камсыздандырууларды сатканга киришти. Менин угушума караганда, бул ишинде ийгиликке жетиптир. Кимдир-бирөө муну менен кандайча иштөө керектиги жөнүндө китеп да жазыптыр деп айтты. Мен бул жөнүндө жакшы билбейм. Мен буга таптакыр таң калган жокмун — Кичинекей эмнеге киришкен болсо, сөзсүз ийгиликке жете турган. — Бирок акыркы укканым, — деп сөзүн улантты атам, ал Дүйнөнүн Корпусуна жазылганга камынып жаткан окшойт. — Эмне? — Карл жана Джули менен бирге Африкага жөнөгөнү жатыптыр. — Буга ишене албай турам. — Ошого карабастан, бул чындык. — Баары бир ишенбейм. — Эгерде кааласаң, — бар, али колледждеги сабактарың баштала элегинде андан кабар ал. Атамдын селкинчегинин кычыраганы араң эле угулуп калды, анан ал жумшак, дээрлик назик үн менен айтты: — Билесиңби, уулум, менде ушундай мүмкүнчүлүк болгондо, мен көп нерсени башкача кылмакмын. Эми эч нерсени оңдоого болбой турганын түшүнүп жатам, бирок ушундай мүмкүнчүлүк болгондо, мен көп нерсени өзгөртмөкмүн. Мен жөн гана сенин муну билип коюшуңду кааладым. Мен дем алдым да, асманды карадым. Жай жылып бара жаткан булуттардын артынан көрүнө калган ай өз нуру менен баарын күмүш түскө боеп жатты. А чындыгында, мен өз атама болгон капачылыгымды сактаганга укугум барбы? — Айтчы, сен так эмнени өзгөртмөк элең? — деп сурадым. Термелгич кресло кайрадан кычырай баштады, ар бир кычыраганы бир секунддан болуп жатты. Мен атамдын жөтөлүп жатканын уктум, анан ага кайрылып карап, анын бирдеме айтууга камынып жатканын түшүндүм. Айдын нуру анын көзүндөгү кылт этип келе жаткан көз жашын сууруп алды. Күтүүсүздөн үйдөн үн угулду — Берта атамды чакырып жатты. Ал бизди азыр эле таап аларын түшүнүп, экөөбүз тең унчуккан жокпуз. — Силер ушул жакта турбайсыңарбы, — деди ал мээримдүү түрдө, эшикти ачып, анан верандага чыгып келе жатып. — А мен болсо, баары кайда кетип калышкан деп ойлоптурмун. — Салам, Берта, — деди атам жөтөлүп. — Отур, — мен ага орун бошоттум. — Жок, эмне деп жатасың, Джош! Мен силердин маегиңерге тоскоол болгум келбейт. — Сен тоскоол деле болбойсуң, — дедим мен, атама карап. — Мен жада калса бул нерсе жөнүндө да ойлоп койдум — мен баары бир эртең Бэттл-Крикке барышым керек… үчөөбүз бирге барсак эмне үчүн болбосун? Мисал үчүн, биз киного кире алмакпыз. — Чын элеби? — деди Берта, атамдын жанына отуруп жатып. — Эң сонун болмок! Мен — макулмун. А сен кандай дейсиң, Уилмот? — Албетте, барабыз. Ошентип, биз эртеси Вест-Мичиган-авенюдагы күндүзгү «Бижу-театрга» жетиштик. «Деңиздин түбүнө саякат» деген фильмди көрсөтүп жатышкан экен, фильм аягына жакындаганда, Джоан Фонтейн акуласы бар бассейнге түшүп кетип, өлгөн жеринде, Берта менин колума жабышып алды, анан мен анын алаканын өз алаканым менен жаптым да, фильмдин аягына чейин кое берген жокмун. * * * 17-августтагы менин туулган күнүм бейшемби күнүнө туура келди, бирок биз атам экөөбүз эртеси жума күнү Бергер мырзанын участогундагы (анын фермасы жолдун аркы жагында болчу) көлдөн балык уулап белгилей турган болдук. Жума күнү менин жумушум бүткөндө, биз шаарга бардык да, Сент-Джориверде жайылып жүргөн букалардын эсебинен, анча чоң эмес кайыкты прокатка алдык. Биздин балык уулообуз караңгы киргенче созулду жана анын күнөөкөрү балыктын жемди жеп кетип калганы же биз атам экөөбүз шашылбай маектешип отуруп чечүүгө бел байлаган дүйнөлүк проблемалар эмес болчу, — болгону мен өмүр бою атам менен балык уулоого барганды кыялданып келген элем. Ошентип, акыры бул кыялым ишке ашты. Биз үйгө жакшы олжо менен кайтып келдик жана Бертага ыраазы болуш керек, — ал балыкты бармагыңды жеп кое тургандай даамдуу кылып бышырган эле. Менин Линн менен болгон мамилем жөнүндө айта турган болсом, баары олуттуураак боло түшкөн болчу. Мен никенин сөзсүз боло турган нерсе экенин түшүндүм, — ал мурдума келип калган үчүн эле эмес, бирок горизонтто «оркоюп» анык көрүнүп турганы үчүн. Ошондой эле бир ой мага тынчтык бербей жатканын деле мойнума алышым керек. Менин башымдан дайыма радиоберүү башталган «Көлөкө» деген сөз кетпей туруп алды: «Адамдардын жүрөгүндө кандай жамандык жашынып жатканын ким билет?» Чын эле муну ким билет? Ыйык Китепте да Жеремия пайгамбар ушул сыяктуу нерсе жөнүндө айтат: «Адамдын жүрөгү өтө анткор, өтө бузулган, аны ким биле алат?» (17:9). Мен аракет кылдым, бирок мага тынчтык бербей жаткан тажатма ойлордон эч арыла албай койдум: «Мен өзүмдүн өтмүшүмдөн канчалык деңгээлде кутулдум? Мурдагы жарааттар менен кайгыларды Линн экөөбүздүн жаңы үй-бүлөбүзгө ташып келбейминби? Өтмүшүм биздин келечегибизди караңгылатпашы үчүн эмне кыла алам?» Анан мен пастор Логанга жөнөдүм. — Биз экөөбүз бул жөнүндө сүйлөшкөн болсок керек эле, Джош, — деди пастор өзүнүн креслосуна жөлөнүп жатып. — Мен бул тема тууралуу мурда сиз менен такыр сүйлөшкөн эмесмин, пастор. — Ооба, мен бул тууралуу айтып жаткан жокмун. — Пастор Логан блокнотту алды да, кагаздын бетине бири-бирин кесип өткөн эки сызыкты сызды: — Сен эмнени көрүп турасың? — Айкаш жыгачты. — А Ыйса эмне деп айткан? «…өзүнөн баш тартсын жана күн сайын өзүнүн айкаш жыгачын алып…» (Лк. 9:23). — Анан Менин артымдан ээрчисин, — деп фразаны бүтүрдүм. — Туура. — Пастор Логан айкаш жыгачтын вертикалдуу сызыгын карандашы менен көрсөтүп: — Айкаш жыгачтын бул бөлүгү сенин Кудай менен болгон мамилең деп эсепте. Өйдө жана ылдый. Сен жердесиң жана асмандасың. — Түшүнүктүү. Андан кийин пастор Логан горизонталдык сызыкты көрсөтүп: — А бул багытта болсо, сенин адам менен — жакындарың менен болгон мамилең жайгашкан. Муну менен бардык адамзатты түшүнүш керек, ал тургай сага каршы күнөө кылгандарын да, сен өзүң деле Уэйн менен жолугушкандагы абалыңды түшүндүрүп бербедиңби. Демек бул эмнени билдирет? Айкаш жыгач бүт тарапка тиешелүү, түшүнүп жатасыңбы? Бири болбосо, бирин алууга мүмкүн эмес. Биз жакыныбыз менен тынчтыкта болбой туруп, Кудай менен тынчтыкта боло албайбыз. — Кечириңиз, пастор, мен сиздин эмнеге алып бара жатканыңызды таптакыр түшүнбөй турам, — дедим чыдабай кетип. — Линн — менин досум. Менин ага каршы эч нерсем жок, болушу да мүмкүн эмес. Чынында, мен ошондой кызга татыктуу эмесмин! Пастор Логан терең дем алды: — Мен таптакыр Линн жөнүндө айткан жокмун. — Андай болсо, кимди айтып жатасыз? Менин атамдыбы? Биз аны менен тил табышып алганбыз, ал тургай… — Кимди экенин мага сен айтып бер, Джош. Мен адамдын ичиндеги ойлорун биле албайм. Эң жакшысы, Ыйык Рухтун сенин жүрөгүңдү изилдеп, сага айтып беришине уруксат бер. Мен полдон көзүмдү албай отура бердим. Мага өзүмдүн кыйынчылыгым эмнеде экени түшүнүктүү болчу. Эң эле аз дегенде, үстүртөн болсо да. Мен мурдагыдай эле өз агама, Кичинекейге кек сактап жүргөн болчумун, бирок муну моюнга алыш үчүн абдан текебер элем. Анан да менин жүрөгүмдүн жашыруун жерлеринде эмнелер жашынып жаткан болушу мүмкүн — бул жалгыз Кудайга гана белгилүү болчу. «Кудайым, мени сынап, жүрөгүмдү бил, — деп Пастор Логандын айтканын уктум, — мени сынап, ойлорумду бил…». (Заб. 138:23 тү караңыз). — Сиз дайыма Ыйык Китептен үзүндү келтирип жооп бересизби? — деп кескин түрдө сурадым жана менин көздөрүмдөн от чыга түштү. Андан кийин гана анын Ыйык Китептен окуп жатпаганын түшүндүм. Башын ийди да, пастор көздөрүн жумуп, сыйына баштады: «…кара, мен коркунучтуу жолдо эмесминби, — деп улантты ал, — мени түбөлүктүү жолдо жетектеп жүр. Оомийин»”. (Заб. 138:24 тү караңыз.) — Сиз туура айтасыз, пастор, — акырын айттым көпкө унчукпай калгандан кийин. — Биз экөөбүз бул жөнүндө сүйлөшкөн болчубуз. Пастор Логан ордунан турду да, өзүнүн кабинетиндеги терезеге келди. Жамгыр жаай баштады, анын биринчи жеңил тамчылары терезенин айнегине өзүнүн кыйшык издерин калтыра баштады. — Сен Ыйык Рухка муктаж болуп жатасың, Джош. Биз ага бардыгыбыз муктажбыз. — Ал унчукпай калып, кайра сөзүн улантты: — Биз өзүбүз үчүн жарышка чыккан болсок, ошол күнү финиш сызыгын кесип өтө албайбыз. Машайакка окшошуш үчүн биз күн сайын күрөшүшүбүзгө туура келет. Биз — бул биздин ар бирибиз. Биз алдыдагы даңк үчүн башыбыздан азаптарды өткөргөнгө чакырылганбыз. Мага караш үчүн ал бурулду: — Машайактык жашоо — бул спринтердик чуркоо эмес, уулум. Бул марафон. Рухка тол да, адашпаганга аракет кыл. Алдыда сени дагы көп нерсе күтүп турат. Пастор Логан менен сүйлөшкөндөн кийин, мен мындан ары да өзүмдү азапка сала бергендин ордуна, жакшысы, Кичинекей менен болгон мамилемди ачыктап алышым керек деп чечтим. Кичинекейге кат жазып көрөйүн дедим өзүмө. Мен бардыгын өз ордуна коюп, ага менин жан дүйнөмдө эмне болсо, баарын айтып бергим келди, бул аны менен элдешүүнүн ыкмасы экенине толугу менен ишендим. Бирок ар бир жолу жазгандан кийин, акыркы саптар жазылганга чейин эле, бул кат таштанды челекке ташталып жатты. Акыры мен почталык карточка менен ишке ашырса деле болот деген тыянакка келдим. Канцтоварларды саткан дүкөнгө кирип, аты окшош кысыктын сууларынын үстүнө курулган Макинак көпүрөсүнүн сүрөтү түшүрүлгөн жакшынакай открытка сатып алдым. «Кичинекей, Мен сенин биздин үй-бүлөгө, атам менен апама кылгандарыңды кечирем, бирок мындан ары сени көргүм келбейт». Болду, андан көбүрөөгүнө күчүм жетпейт дедим өзүмө. Кыскасын айтканда, бул чындык болот. Атамдан Кичинекейдин дарегин билип, жан жүйнөмдүн тереңинде керектүүсүн кылбай жатканымды сезип турсам деле, мен открытканы ящикке салып койдум. Пастор Логан мени менен сүйлөшпөгөндөй жана кантип туура кылыш керектиги жөнүндө сыйынбагандай иш кылып койдум. Акыры абийиримдин ашкерелегенине чыдап тура албай калдым. Уитонго кайта турган убакыт келгенде, мен бир канча күн мурда, Кичинекей менен жекеме-жеке жолугушуунун эсебин алып жөнөй турган болдум. Жөнөөрдүн алдында бир күн мурда кечинде ага телефон чалдым: — Бул мен, Джошмун. — Джос? — деп кайталап сурады Кичинекей, мени бала чагымдагы атым менен атап. — Сен азыр кайдасың? — Азырынча атам менен фермада элемин. Бирок барып, сени менен көрүшкүм келип жатат. — Эмнеге болбосун. Менимче, бул жаман болмок эмес… — Мен өзүмдүн колледжиме кайтканы турам. Сен, балким, менин колледжде окуп жатканымды деле билбесең керек. — Келлога муниципиалдык колледжиндеби? — Жок, мен Уитондо окуп жатам. Акыркы курсуна келип калдым. — Уитон-колледж — бул Чикагодон анча алыс эмес жердеги ошол колледжби? — Дал өзү. — Анда, эгерде сен бизге келе турган болсоң, бул сенин өтө турган жолуңа туш эмес да? — Ошондой. Макул, боло берет. Акыр-аягында… Эми трубканы коеюн деп жатканда Кичинекейдин: — Макул, эгерде келе турган маанайың болсо — кел, — деген үнүн угуп калдым. Кайсы-бир убакытка чейин ойлорумду жыйнап калганга аракет кылдым: — Сен менин открыткамды алдыңбы? — Алдым. Кооз открытка экен. — Уксаң, мен аны сага жибергениме өкүнүп турганымды айтып коюшум керек. Мага эмне болгонун өзүм деле билбей турам. Акмактын иши болду, аны башкача атоого болбойт. Сен мени кечирип коесуң деп үмүттөнөм. — Эч нерсе эмес, баары жайында, Джос. Качан келгени жатасың? — Эртеге, кечке жуук, эгерде каршы болбосоң. — Кантип каршы болоюн? Мен сени күтөм, — деди Кичинекей. — Ошону менен бирге Карлага да эскертип коем. Ошол түнү мага таң калыштуу түш кирсе да, катуу уктадым: мен чоң караңгы бөлмөдө экенмин, канаттуунун сайрап жатканын угуп жатам, бирок аны эч таба албай жатыптырмын. Акыры аны таптым — ал полдогу капаста экен. Мен капастын эшигин ачтым, анан канаттуу эркиндикке чыгып кетти. * * * Ист-Лансингге чейин болжол менен токсон миль аралык бар болчу, бирок мен өзүм эсептегенден эртерээк жеттим. Ошого карабастан, бардыгы үйдө болуп калыптыр: Кичинекей, Карла жана алардын тогуз жашар кызы Джули. Бир аз салмак кошконун айтпаганда, Кичинекей мен аны акыркы жолу көргөнүмдөн дээрлик өзгөрбөптүр деле. Ошончо жыл өткөндөн кийин, мен сөздү эмнеден баштаарымды деле билген жокмун. Бирок Кичинекей оозун толугу менен ачып жылмайып, өзү биринчи болуп мага колун сунду: — Мына ушундай, иничегим! Сен жакында мени кууп жетип аласың! — Акыры биз кайрадан жолугуштук, — дедим мен. — Салам, Карла! Аман-эсен турасыңарбы? — Мен открытканы окудум. — Ооба… аны сен да окушуңдан шектенген эмес болчумун. Бирок сенден абдан суранам, аны жырт да, ыргытып сал, макулбу? Аны жөнөтүп акмактык кылдым. — Бул биздин кызыбыз, Джули, — деди жооптун ордуна Карла. — Саламатсызбы! Таанышканыма кубанычтамын, — деди кыз, мага колун сунуп жатып. — Мен да, кызыке! — дедим кайраттуу түрдө. — Мен кызыке эмесмин, — деп дароо сөзүмдү оңдой салды Джули. — Мен кичинекей айыммын. — Кичинекей айым! — дедим да, анын жаагын алаканым менен сыладым, таң калганымдан өзүмдү жоготуп койгонсуп. — Бул кимдин оюна келиптир дейсиң! Менин тамашалаган аракетим күтүүсүз жымжырттыкка туш болуп калды. Кайсы-бир нерсени туура эмес айтып алдым окшойт. — Башкача айтканда, мен… мен сиздин — кичинекей айым — экениңизден шектенген деле жокмун, ушунчалык чоңоюп калыптырсыз! — Менде Барби куурчагым бар, — деди ал. — Чын элеби? — А менин туулган күнүмдө болсо, мага Кена деген куурчакты алып беришет. — Сен үчүн абдан кубанычтамын, — деп жооп бердим, кыздын сөзүн ырастай. — Сенин курсагың ачпы, Джош? — деп сурады Карла. — Кимден сурашты тааптырсыз! Мен студентмин — демек дайыма ачкамын да. — Түшкү тамак качан даяр болот, кымбаттуум? — деп кызыкты Кичинекей. — Сен тынчсызданба, Мак. Даяр болгондо мен өзүм чакырам. — Анан алар Джули экөө ашканага кирип кетишти. Мен кызыгуу менен агама карадым: — Мак? Ал далысын куушуруп гана койду: — Мени азыр эч ким Кичинекей деп айтпайт. Сен буга көңүл бурбай эле кой. Андан көрө жүр үйгө кеттик. Эмне ичесиң? — Имбирь сырасы барбы? — Албетте. Биз конок бөлмөсүнө — ыңгайлуу бөлмөгө кирдик, дубалдарында жыгач панел, полунда болсо килемдин ордуна бугунун териси салыныптыр. Каптал жактагы дубалдагы терезеден кылдаттык менен кыскартылган сирен жана калың көлөкө түшүргөн бак-шактуу дарактар көрүнүп турат. — Сенин үйүң сонун экен, Кичинекей… баса, Мак. — Отур, — ал коюу-жашыл диванды көрсөттү, а өзү болсо мага иче турган бирдеме алып келиш үчүн бурчтагы барга жөнөдү. — Кандай кызыктуу кресло, — дедим мен көгүлтүр чехол менен капталган термелгич-креслону байкап калып. — Мен аны «жайылма — терметкич» деп атап коем, — деп сыймыктана сүйлөдү Кичинекей. — Жайылма? — Ооба. Анын баскычы менен басып, бел жагын ийип, ошону менен катар эле термелсе да болот. Сезондун жаңы чыккан буюму. — Ооба, ушул жаңы чыккан буюмдарды кууп жете албайсың. — Ал, ич, — деди Кичинекей мага стаканды сунуп жатып. — Рахмат. — Сен колледжиңде эмнени окуп жатасың? — Юриспруденцияны, — мүмкүн болушунча таасирдүү үн менен айттым. — Ооба, кызыктуу. Юрист болуш үчүн сен бүт күчүңдү окууңа жумшашың керек болот, — деди Кичинекей, жолдо келе жатып, «жайылма-терметкичтин» мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп жатып. — Мен ансыз деле бүт күчүмдү окууга жумшап жатам. — Уитон… Бул машайактык колледж, туурабы? — Так ошондой. — Андай болсо, машайакчынын юриспруденция сыяктуу дүйнөлүк кесипти тандашынын эмне кереги бар? — Чындыкты айтуу үчүн дегенден баштайлы. — Бул адвокаттардын эмес, а күбөлөрдүн иши, Джош. — Сен билгендей, адвокаттар да ант беришет. — Сен эмнени айтып жатасың? — Кичинекейдин бетинде таң калыштуу жылмаюу пайда боло түштү. — Эмне максат менен? Аларды жалынып-жалбарып, араң көндүрүшү үчүн: ушу силер, кичи пейилдикке, аракет кылгылачы… силер канча десеңер, биз ошончону төлөй беребизби? — Алар баштап алыш үчүн чынчыл жана өз милдетин ак ниеттүүлүк менен аткарганга убада беришет. — А кутулуунун жолу — өзүнөн-өзү табылып берет, туурабы? — Кичинекей өзүнүн тамашасына күлүп алды да, өзүнүн креслосунда эң түбүнө чейин чалкалап отурду. Мен бул жакка келүү чечимим чынында эле жакшы чечим болбогондой сезе баштадым. Чоң агаң менен сүйлөшүү — анын үстүнө ал жаш курагы боюнча мага ата боло тургандай жашта болчу — кимди болбосун өзүнүн тууралыгына болгон ишениминен ажыратышы мүмкүн эле, анын үстүнө ушундай шартта. — Болуптур эми, сен эмне үчүн адвокат болгуң келип жатат? — деп өзүнүн ичиндегисин билдирди Кичинекей. — Мага иштин маңызын анализдеп, түбүнө чейин казып чыгуу жагат. — Бир көз ирмемге унчукпай калдым. — Анан да, мен бай болгум келет. Кичинекей хмм деп койду. — Сага чынын айтып жатам. — Мен бөлмөнү көз жүгүртө карап чыктым. — Баарын карап көргөндө, сенин иштериң жаман болбой жатат окшойт. Мен да мындан жаман болбошун каалайм. Ким билсин, балким, мындан да жакшы болоор. Менин өзүмдүн планым бар, азырынча бардыгы ушул план боюнча болуп жатат, албетте, анча-мынча. — Кандай план? — Билимге ээ болуу, ири юридикалык фирмадан жумуш табуу жана жакшы акчаларды иштеп табуу. Андан кийин мен саясатка киришким келет. — Сенин планың өтө оригиналдуу деп айтпайм, — деди Кичинекей. — Бирок эгерде ал сенин пайдаңа иштеп калса, анда эң негизгиси ошол, туурабы? — Мен атам менен апам жашаган сыяктуу жашагым келбейт. — Мен сени эч бир нерседе айыптап жаткан жокмун го. Мен имбирь сырасы куюлган стаканды айландырып жаттым. — Атам сени Дүйнөнүн Корпусуна киргени жатат деп айтты. Олуттуу иш, башка эч нерсе дей албайсың. — Антпесечи! — деп макул боло баш ийкеди Кичинекей. — Сен кантип мындай чечимге бардың? — Өткөн жылы Мичиган университетинде шайлоо алдындагы сөздө Джон Кеннеди сүйлөдү, мен да ошол жерде болчумун. Анын дүйнөбүздү жакшыртыш үчүн чет өлкөлөргө чыгуу жөнүндөгү сөздөрү дээрлик бардыгын кайраттандырды. Мына мен да камындым. Балким, бул дагы сенин машайакчы болгонуң сыяктуу нерседир. Бул жөнүндө кантип жакшыраак айтса болоорун деле билбей жатам. — Айтмакчы, атам да машайакчы болду, — дедим мен. Жымжырттык орноду. — Укчу, Кичинекей… баса Мак, кечирип кой. — Мен бардыгын ачыктап алгым келди. — Сени менен атамдын ортосунда фермада эмне болгонунан толук маалыматым жок. Ал тургай мен төрөлгөнгө чейин эле, силердин ыркыңар келишпегенин божомолдой алам. Балким, буга сенде себептер бар болсо керек… — Негиздүү себептер, — деп сөзүмдү бөлдү Кичинекей. — Негиздүү себептер, — деп жаңырык сыяктуу кайталадым. — Жөн гана сенин билип коюшуңду каалайм: мен атам менен элдештим, убакытты текке кетирбей, сени менен элдешиш үчүн мүмкүнчүлүгүмдү колдонгум келет. — Мени менен элдешүүбү? — Агам термелгичинде термелгенин токтотуп койду, мен тарапты карабаса деле. — Менин сага капа болгон жерим жок, Джос. — Бирок, Мак, менде сага болгон капачылык бар. Менин оюмча, сага атамдан аз эмес нерсе калды — эгерде чынын айтсам, сенин өз үлүшүңдөн көбүрөөк калды. Бирок мени баарынан да, сен бизге абдан керектүү болуп турган чакта, үй-бүлөбүздү таштап кеткениң кайгыртты. Бирок сага атама айткан сөздү айтамын: жакында эле мен менин башка Атам… мени сүйө турган жана мени менен баарлашкысы келген асмандагы Атам бар экенин түшүндүм. — Мен сенин өзүң ишене турган бир нерсени тапканыңа кубанычтамын, — деди Мак. — Бул бардыгы эмес, Мак, — деп сөзүмдү уланттым. — Ал сени менен да мамиледе болууну абдан каалайт. — Мына, мен айтып жатпаймынбы, — биз экөөбүз абдан окшошпуз, Джос. — Сен эмнени назарда тутуп жатасың? Мак креслонун жанындагы нерсесин тартты да, түз отурду. — Ар бир адам бул жашоонун маанисин тапканга аракет кылат, — деди ал. — Кимдир-бирөө эч кандай мааниси жок деген тыянакка келет да, аны издебей калат. Башкалары, сага окшоп, маанини динден табат. А кимдир-бирөөгө болсо, башка бирөөлөргө жардам берүү ыракат алып келет. Бул мына мен сыяктуулар үчүн айтылган. Дарыялар көп, бирок алардын баары бир деңизге куят, ошондой эмеспи? — Дарыялар жөнүндө эч нерсе айта албайм, бирок атам эми таптакыр башка адам болуп калды. Мактын бети карарып кетти. Мен анын бирдеме айткысы келгенин сездим, бирок Карланын үнү көз ирмемге орной түшкөн жымжырттыкты бузуп жиберди: — Түшкү тамак даяр! Кандай болбосун, биз биргеликте убакытты сонун өткөрдүк. Түшкү тамак желинип жатканда, Кичинекей мага Дүйнөнүн Корпусуна байланышкан пландарын тааныштырып берди. — Мен Ричард Никсондун Дүйнөнүн Корпусун армияда кызмат кылуудан кутулуунун амалы деп эсептей турганын окудум. Мак күлдү: — Ооба, сен юристтикке бекеринен тартылып турбаганыңды көрүп турам. Анан саясатка да. Ойлонуп көрүш керек, ошол Никсон деле бай адам. Карла бычак менен вилканы койду: — Сен юристтикке окуп жатасыңбы? — Ооба. — Саясатчы да болгуң келеби? — Көрөбүз. Келечек көрсөтөт, — деп жооп бердим жылмая. — Сени ошол Никсон сыяктуу болбойт деп үмүттөнөм. — Телеэкрандан сакалын албай чыкканын кошпогондо, андан эч кандай жаман нерсени көрбөй турам. — Менин оюмча, Джош насаатчы болсо абдан төп келет, — деди Мак. — Мен мындай нерсени айткан жокмун! — деп каршы чыктым мен. — А сенин муну айтышыңдын кереги жок. Бул айдан-ачык көрүнүп турат, туурабы иним? Мындай оңой эмес абалдан чыгуунун жакшы ыкмасы жөнүндө эч нерсе оюма келбеди. Менин улуу агам өз кызыкчылыктарын кантип коргоону дайыма билчү, — анын ичинде ушул жолу да. Мен эртерээк жаттым, анын эртеси күнү Уитонго жол тарттым. ОН ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ. БҮТҮРҮҮЧҮ КУРС Уитон колледжинин президенти, Биринчи дүйнөлүк согуштун ветераны жана Эквадордогу кечуа индейцтеринин мурдагы миссионери доктор Реймонд Эдмен колледждеги руханий атмосферадай эле, академиялык атмосферанын да дени сак болушу канчалык маанилүү экенин башка бирөөлөргө караганда эң жакшы билчү. Бул милдетке киришер замат, ал окуу календарынын ажырагыс бөлүгү болуп калган «руханий күчтүн жумасын» уюштурган. Мен бүтүрүүчү курска келгенимде, алдыдагы жумадагы биздин негизги спикер Уитондун бүтүрүүчүсү жана Мериленд штатындагы Төртүнчү пресвитериандык Бетесда жыйынынын пастору Ричард Халверстон болгон. — Силер — бул өлкөнүн эң ачык, эң перспективалуу жаштарынын өкүлдөрүсүңөр, — деген салтанаттуу сөздөр менен кайрылды бизге өзүнүн бул жумадагы акыркы чыгып сүйлөгөн сөзүндө доктор Халверстон. — Бирок силер баш ийгиңер келеби? Биз Ышайа 6-бөлүмдөн окуганыбыздай, силер Кудайдын чакырыгын уккуңар келеби? Жакында эле ачылган «Эдмен-чепел» залына шыкала толгон бардык студенттик корпус анын ар бир сөзүн көңүл коюп угуп жатты. Мен аудиториянын так ортосунда Дик Пернел менен Фрэнк Кифердин жанында отурган болчумун. Доктор Халверстондун бул сөздөрү мени чүрүшүп ыңгайсыз отурганга мажбур кылды. Бирок анын сөздөрү коңгуроонун кагылган үнүнө окшоп, трибунадан жаңырып жатты: — Мен бүгүн бул залда инженер болууга чакырылгандарды көрүп турам. Ооба, силерге өзүңөрдүн чакырууңар белгилүү. Силер математиканы жана физиканы билесиңер. Ал тургай түн ичинде түшүңөргө деле математикалык теңдемелер кирет! Өзүңөрдүн бардык жөндөмдүүлүктөрүңөрдү Анын бут алдына алып келүүгө макулсуңарбы? Мен бүгүн бул жерде врачтарды… бизнесмендерди… юрист жана саясатчыларды… мугалимдер менен музыканттарды көрүп турам. Бирок маанилүүсү силердин өзүңөргө тандап алган майданыңар эмес, досторум. Маанилүүсү — силердин өз жөндөмдүүлүгүңөрдү курмандыкка алып келүүгө болгон даярдыгыңар жана макулдугуңар. Биз Ышайа 6-бөлүмдөн көргөн Теңирдин чакыруусуна ким жооп берет? Ким өзүнүн жөндөмдүүлүгүн курмандык чалынуучу жайдын үстүнө коюп, Теңирге: «Мен мындамын, мени жибер» — деп айта алат? Мен курсташтарымды тегерете карап чыктым. Алар биринин артынан бири ордуларынан туруп, өз жашоосун жана жөндөмдүүлүктөрүн Кудайдын кызматына арнап, сценага чыгып жатышты. Ал тургай мен бир студенттин өз чөнтөгүнөн логарифмилик сызгычын чыгарып, аны доктор Халверстондун бут астына койгонун көрдүм. Медицина факультетинде окуп жаткан Дик, анын артынан Фрэнк дагы ордунан туруп, менин алдымдан кысылып өтүп кетти. Өтүүчү жерди барган сайын студенттер толтура баштады. Мен да ордумдан турдум — бирок бутум үзүлгөнчө чуркап кетпеш үчүн чыга бериш жакка эптеп бара жаттым. Кийинчерээк досторум мени өзүмдүн бөлмөмдөгү керебетте, башымды төшөккө тыгып алып жаткан жеримден табышты. — Силерге менден эмне керек? — деп кыйкырып жибере жаздадым. — Сен жакшы элесиңби? — деп сурады Дик. Бирок мен жооп берген жокмун. — Джош, сага эмне болду? — деп кайталады ал. — Мени жайыма койгулачы! — деп кыйкырдым. Алар ошондон кийин мага келбей калышты, анан мен алардын кетип бараткан кадамын уктум. Таптакыр караңгы түшүп калганда, керебеттен турдум да, кампусту айланып басмакчы болдум. Мен Уитондун борборундагы күнү-түнү иштеген кафеге киргенимде, түндүн жарымы болуп калган болчу. «Мен канчалык чарчаганмын», — деп айттым өзүмө. Бир эле кофе ичүү аздык кылат. Бул денелик чарчоо эмес болчу. Мен жасалмалуулуктан чарчадым. Доктор Халверстондун сөздөрү оюмдан эч кетпей койду: «Ышайа 6-бөлүмдөн ачкан Теңирдин чакыруусуна ким жооп берет? Ким өзүнүн жөндөмдүүлүктөрүн курмандык чалынуучу жайдын үстүнө коюп, Теңирге: “Мен мындамын, мени жибер” — деп айта алат»? Башка ар бир машайакчы адам сыяктуу эле, мен ар бир жолу Кудайдын менин таланттарымды жана жөндөмдүүлүктөрүмдү Өзүнүн даңкы үчүн колдонгусу келерин укканмын. Бирок мен Кудайга эмнемди сунуш кыла алам — ийгиликсиздиктеримдин кезегинби? Мен бул төп келбестикте өзүмө отчет бере алчумун. Көпчүлүгүнө мени жаркын келечек күтүп тургандай сезилчү. Мен жакшы окудум жана менин мугалимдеримдин кээ бирөөлөрү менден биринчи класстагы юрист чыгаарын айтышчу. Балким ошондойдур. Бирок мен биринчи класстагы машайакчы белем? Менин жашоомдо оңдогонго такыр мүмкүн болбогон нерселер өтө көп жана кээде терең толук эместик сезимимден эч качан арыла албачудай сезилип кетет, бул нерсе көбүнчө кекечтенүүмдөн же грамматикалык каталарымдан көрүнчү. Мен сексуалдык зордук-зомбулуктун, физикалык зордук-зомбулуктун, менин бардык жакын мамилелеримден көрүнүп турган жашоомдун бардык тарабына өтүп кеткен үй-бүлөлүк келишпестиктин тактарын ташып жүрдүм. Бул кемчиликтерди жана жеткилеңсиздиктерди башкалардан жашырганды жаман эмес үйрөнүп калган болсом да, аларды өзүмдөн жашырууга болот беле? Мен дагы деле өзүмдүн күзгүдөгү чагылышымды тигиле карап турушум керек болчу. Ооба, пастор Логан, сиз туура айтасыз. Машайакчылык жашоо — бул марафон, анда өзүңдү бүтүндөй берип чуркашың керек. Бирок мен мындан ары чуркай албайм. Мен кафеден чыктым да, эч кандай максатсыз абалда көчө кезип жүрдүм. Күз ортолоп калган болчу, абаны жаңырта турган салкындык толтуруп турду. Кайда бара жатканымды да билбестен баса бердим, баса бердим. Бут астымда куураган жалбырактар шуудурап жатты, кудум эле эскерүүлөрүмдүн, — Машайак мага дээрлик физикалык күчтү колдонуп киргендеги, чөмүлдүрүү алганымда мага көмүлүп калгандай сезилген азгырылууларымдан жана күнөөлөрүмдүн тынчын алып жаткансып. Ушул тапта мени мен түбөлүккө каргышка калгандай сезимдер ээлеп алды жана бул сезим мени желкемден чыдай алгыс оор жүк болуп басып жатты. Бир эле үмүтүм калды, менин атам Теңирдин чакыруусуна жооп бергим келбегенин билбейт. Пастор Логан азыр мени менен болгондо! Мындай учурларда эмне кылуу керектигин ал билет болчу. Ал мага керектүү кеңешти бермек. Бирок ал жанымда жок болчу. Мен анын мээримдүү көздөрүн, анын кунттуу көз карашын эстедим, бул жолу ал мага түпсүз кайгыга жана боор ачууга толгон көз караштай сезилди. Мен Юнион-стриттеги көчө фонарынын астына токтогонумда, болжол менен таңкы саат төрт болуп калган эле. Менин эсиме Ыйык Китептеги ачкалыктан жабыр тарткан көптөгөн адамдардын курсагын тойгузуш үчүн бир канча балыгы менен нанын сунуш кылган бала жөнүндөгү окуя келип кетти (Мк. 6: 1–13). Мен азыр өзүмдү ошол бала сыяктуу сезип турдум. Бирок бир айырмачылыгым бар эле — менин жашоомдо колумда болгон аз нерсени андан маанилүүрөөк болгон нерсеге көбөйтүп жиберген керемет болгон эмес. — Кудай, — дедим мен, өзүм үчүн да күтүүсүз жерден, — менин жүрөгүмдүн тереңинде Сага кызмат кылууга болгон каалоом бар, бирок мен Сенин бут астыңа эмнемди алып келе алам? Чынчыл болойлу — менде Сага уялбастан сунуш кыла турган эч нерсем жок. Мен өзгөчө жөндөмдүүлүктөрүм менен айырмаланбайм, а менин өтмүшүм болсо, өзү менен терең жарааттарды алып жүрөт. Бирок эгерде Сен кааласаң, анда ушул жер — азыр, ушул таңда — менде жок болгон нерсенин баарын кое ала турган курмандык чалынчу жай болсун. Теңир, мен Сага мага жетишпей жаткан нерсенин баарын берем. Сен менин күчүмдү ала албайсың, анткени менде Сага сунуш кыла ала турган ошондой күчтүн өзү жок. Сен менин жөндөмдүүлүктөрүмдү ала албайсың, анткени мен өзүмдө өзгөчө жөндөмдүүлүктөр жана таланттар бар экенин билбеймин. Бирок баары бир… эгерде сен ошону кааласаң, Теңир… эгерде Сен менин алсыздыктарымды жана кулоолорумду алгың келсе жана ал аркылуу Өзүңдү улуу кылгың келсе — о, Кудай, мен сага өмүр бою, акыркы дем алуума чейин кызмат кылганга убада берем. Мен ошол жерде канча турганымды жана дагы эмнелер жөнүндө сыйынганымды деле билбейм. Болгону кампуска кайтып келе жатканымда чыгыш жактагы асмандан чыгып келе жаткан таңдын атаарына аз калганын билдирген жарыктын ачык тилкесин көргөнүм эсимде. Күнөөнүн жана каргыштын оор жүгү менден кетти жана мен жаңы күндү тосуп алганга даяр элем. Мен кайрадан чуркоого катышканга даяр болуп калдым. Үч жумадан кем эмес убакыт өткөндөн кийин, мен алдыда турган руханий марафон үчүн керектүү даярдыкты берген адамды жолуктурдум. * * * Билл Брайт Ыйса Машайактын экинчи жолку келишинин алдында дүйнөлүк масштабдагы жакшы кабар таратуунун улуу миссиясын аткаруу үчүн күчкө жана энергияга толгон чыныгы харизмат инсан болчу. Ал Уитон колледжинин студенттик жыйынынын өлкө боюнча жасаган саякатынын учурунда студенттерди тааныштырып, «Campus Crusade for Christ»[14] уюмуна каалоочуларды чогулткан, ал аны ондогон жылдар мурда негиздеген болчу. Азыр биз он адам болуп студенттик кафетерияда анын айланасына отуруп алдык, ал жана анын уюму жөнүндө көбүрөөк билгибиз келген каалообуз жалындап турду. — Силердин гана эмес, силер өз жолуңарда жолуктурган ар бир адамдын жашоосун өзгөртө ала турган концепцияны силер менен бөлүшкүм келип жатат, — деди ал. Биз дагы тыгызыраак болуп үймөлөктөшүп алдык, Билл Брайт болсо бул убакта кагаз салфетканы алып чыкты да, ручкасын издеп колун пиджагынын тереңине салды. — Көбүнчө дүйнөдө адамдардын үч тиби бар. Бул аялдарга да, эркектерге да тиешелүү, бирок түшүндүрүү жеңил болсун үчүн жөн гана «адам» деп атап коелу. Ошентип, ал табигый адам, денелик адам жана руханий адам. Ал салфеткага үч тегеректи биринин артынан бирин жана ошол тегеректин ар биринин ортосуна отургучка окшогон бирдемени сызды. — Табигый адамдан баштайлы, — деди ал, тегеректердин биринчисин көрсөтүп жана отургучтун жөлөнгүчүнө «мен» деген сөздү жазды. — Табигый адам өзүнүн «мен» дегенин тактыга орноштурду. Брайт мырза отургучтун жанына, бирок анын сырт тарабына «айкаш жыгачты» койду. Анан ал сөзүн улантып жатканда, мен анын айкаш жыгач эмес, дал ошол Ыйсаны элестеткен айкаш жыгач экенин түшүндүм. — Ыйса бул адамдын дүйнөсүнүн сыртында калды, — деди ал, айкаш жыгачты көрсөтүп, — балким, бул адамды эч качан Теңирге жетелеп келишкен эмес, а балким ал өзү Анын өзүнүн Куткаруучусу болушунан баш тарткандыр. Бирок Машайак бул адамдын жашоосунда жок. Брайт мырзанын бармагы экинчи тегеректи көрсөттү. — Мунусу болсо, денелик адам. — Ал кайрадан отургучтун жөлөнгүчүнө «мен» дегенди жазды, бирок бул жолу айкаш жыгач тегеректин ичинде, отургучтун ылдый жагында болду. — Табигый адамга окшоп эле, — деп сөзүн улантты ал, — денелик адам дагы өзүн тактыга чыгарып алган. Ал машайакчы, бирок жемиш алып келбейт. Ал машайакчылык жашоодо жашаш үчүн өзүнүн күчүнө таянат. Машайак четке чыгарылып калгандыктан, мындай адам жеткилең эмес жашоодо жашайт. Кофесин ичип алып, Брайт мырза үчүнчү тегеректеги отургучтун жөлөнгүчүнө айкаш жыгачтын сүрөтүн тартты: — Калган үчөөнөн айырмаланып, руханий адам Машайакты өзүнүн жашоосунун тактысына отургузат, а өзүн болсо, Брайт мырза кайрадан ручкасын алып, «мен» дегенди тактынын бут жагына тартты, — өзүнүн «өзүмчүлдүгүн»… борбордук орундан алып салат. Ал Ыйык Рухтун бүт толуктугуна ээ болот жана Машайактагы жеңиштүү жашоодо жашайт. Бирок бир суроо туулат. Эгерде мен силерден кантип Ыйык Рухтун күчүнө ээ болуу жөнүндө сурай турган болсом, эмне кылуу керектигин билер белеңер? — Менимче, биринчи болуп мен Машайак чындап эле менин жашоомдун тактысында отурганына ишенишим керек болчу, — деди Фрэнк. — Эң сонун, — деди Брайт мырза. — Силердин араңардан баскетбол ойноп жүргөндөр болсо, бул баштапкы позиция дегенди билдирет. Ал столдо отургандарды тегерете карап чыкты: — Кана, силердин араңардан ким мага Ыйык Рухтун жемиштерин санап берет? Кимдир-бирөө оозун ача электе эле, Дик Пернел аларды биринин артынан бирин шатырата айтып салды: сүйүү, кубаныч, тынчтык, чыдамдуулук, ак көңүлдүк, боорукердик, ишенимдүүлүк, момундук, өзүн-өзү токтото билүү. (Гал. 5: 22, 23 тү караңыз). «Ооба, досум, көрсө сен өзүңдү көрсөтүүнүн устасы турбайсыңбы», — деп ойлодум. Брайт мырза кайраттандыруу менен башын ийкеди да, мындай деди: — Биз өз жашообуздун тактысына Машайакты чыгарганыбызда жана Ыйык Рухтун бизди толтурушун жана андан ары да толтура беришин сураганыбызда, бизде дал ушул сапаттар алдыңкы планга чыгат. — Мындан ары да толтура беришинби? — деп кайталап сурадым. — Уулум, Ыйык Рух сени четинен ашып-ташып төгүлгүчө толтургусу келет. Анткени силерди Ыйык Рух менен бирге алдыда олуттуу жумуш күтүп жатат! — Брайт мырза биздин топту тегерете карап чыкты. Биз анын андан аркы сөздөрүн күтүп, демибизди ичибизге тартып туруп калдык. — Жигиттер, мен Оклахомдо төрөлгөм, а ал аймактарда болсо дайыма скважиналарды бургулашып, нефти издешет. Ошентип, бир жолу Техастын түнт бир жеринде бир ковбой жашаптыр. Карып-арып, мал айдай албай калат, ошентип, өзүнүн эч кимге керексиз болуп, кароосуз калган ранчосунда отурат. Ал өлгөндө анын жер тилкесине изилдөө компаниясы келет, скважинаны орнотот — көрсө, ал жерде нефти бар экен. Карыган ковбойдун бүт жагын алтынга айландырып сала тургандай нефти чыгат. Нефти анын жеринде кенч сыяктуу жашырынып жаткан, ал болсо бардык убакта ошонун үстү жагында отуруп, эмненин үстүндө отурганынан кабары да болгон эмес. Ошентип, чөнтөгүндө бир тыйыны жок өлүп кетет. Ыйык Рухтун күчү да ошол нефти сыяктуу. Эгерде силер Машайакка таандык болсоңор, анда силерде Ыйык Рух болот жана силерден көрүнүүнүн мүмкүнчүлүгүн гана күтүп турат… скважинадан фонтан болуп чыгып жаткан нефти сыяктуу! Бирок силер Анын күчүнө туташышыңар керек. А муну болсо сыйынуу аркылуу ишке ашыруу керек. Брайт мырза тикеден-тике мага карады: — Эмне дейсиң? Ыйык Рухтун күчүнө ээ болгуң келеби? — Азырбы? — Дал ушул тапта. — Ооба, мырза, бул сонун болмок. Брайт мырза биздин ар бирибизге ушул суроону берүү менен столдун тегерегин айланып чыкты. Ар кимиси «ооба» деп жооп берди, андан кийин Брайт мырза сыйынып жатканда, биз баарыбыз башыбызды ийип турдук: — Кымбаттуу Ата, биз Сага муктажбыз. Бул убакыттын баарында биз өз жашообузду өзүбүз башкарып келгенибизди мойнубузга алабыз, анын жыйынтыгында Сага каршы күнөө кылдык. Машайак аркылуу күнөөлөрүбүзгө кечирим алганыбыз үчүн биз Сага момундук менен ыраазычылык билдиребиз. Эми ишеним аркылуу биздин ар бирибиз Ыйсаны Ага таандык болгон жашообуздун тактысына отурушуна чакырабыз. Биз Сенден — кайрадан эле ишеним аркылуу — бизди Ыйык Рухуңа ашып-ташып толтурушуңду суранабыз, Сен аны Өзүңдүн Сөзүңдө убада кылгансың. Биз Сага ыраазычылык билдиребиз жана сага Даңкты арнайбыз. Машайактын аты менен, оомийин. — Оомийин, — дедик биз баарыбыз биргеликте. — Эми дем алгыла, — деди Брайт мырза, өзү да терең дем алганча. Ар бирибиз дем алдык. — Эми демиңерди чыгаргыла. Анан биз баарыбыз бирге дем чыгардык. Ал көнүгүүнү кайталады. — Ыйык Рухту алгыла, — деди ал, — анан өзүңөрдүн күнөөңөрдү чыгаргыла. Андан толугу менен арылгыла. Анан кайрадан Кудайдын кечиримин дем алгыла. Ыйрайымдуу Ыйык Рухту кабыл алгыла. Анан ал унчукпай калды да, бизди карады: — Ыйык Рух — бул Инсан. Бул дайыма эсиңерде болсун. Ал бизди сооротуш үчүн, насаат бериш үчүн жана Анын дүйнөнүн четине чейинки күбөлөрү болушубуз үчүн күчкө толтурууга келген. Эми, мырзалар, мен Нью-Йоркко кетчү поездге шашылышым керек. Силер менен жолугушканыма канчалык кубанганымды сөз менен айтып бере албайм, — ошондой эле силердин араңардан кээ бирөөлөрүңөр менен дагы бир жолу жолуга турганыма ишенемин. — Биз үчүн сыйынганыңызга рахмат, — дедим мен, бутума туруп, анын колун кармап жатып. — Чын дилим менен… — Менин өз атымды айтышымды күтүп, ал унчукпай калды. — Джош. Джош Макдауэлл. Брайт мырза жооп иретинде башын ийкеди: — Дем алганды унутпа, Джош. — О, муну такыр унутпайм! — Сен денелик жактан дем ала алгандай эле, дем алышың керек. Бир жолу эле дем тартып коюп, ошону менен унутуп койбо. Бул тынымсыз уланышы керек — бүгүн, эртең, ошентип күн сайын. Муну тынымсыз кылыш керек, өмүрүңдүн акырына чейин, түшүндүңбү? — Түшүнөм, мырза. Марафон сыяктуу. Брайт мырза мага кызыгуу менен карады, өзүнүн кейсин[15] алды, тез-тез басып кафетериядан чыгып кетти да, темир жол вокзалын көздөй жөнөдү. ОН БЕШИНЧИ БӨЛҮМ. КУДАЛАШУУ ЖАНА ОКУУНУ АЯКТОО Телефон-автомат менен беш мүнөт сүйлөшүүгө жете турган майда тыйындарды гана алып алдым. Сараңдыктан эмес — болгону мен Меррик мырза менен узун сүйлөшүүгө даай алган жокмун. Трубканы Меррик айым алды да, дароо өз күйөөсүн чакырып койду. — Алло? — Меррик мырза? — Ооба. — Саламатсызбы, мырза. Бул Джош Макдауэлл. — Салам, Джош. Сени угуп турганыма кубанычтамын. Уитондогу иштериң кандай? — Жакшы, мырза, абдан жакшы. — Сен үчүн кубанычтамын. Бааларың кандай — өз деңгээлиндеби? — Бааларбы… ооба, мырза. Менин бааларым жакшы. — Эң сонун. А юридикалык мектепке тапшыруу пландарың кандай болуп жатат, ынтаа коюп жатасыңбы? — Ооба, мырза! Пландарым жайында. Мен азыркы тапта… ар түрдүү юридикалык мектептерди караштырып жатам. — Муну укканыма шумдуктуудай сүйүнүп жатам, Джош. Мен сени Линн менен сүйлөшкүсү келиптир деп ойлоп турам, ошондойбу? — Ооба, мырза. Албетте… бирок мен сиз менен дагы сүйлөшөйүн деген болчумун. — Албетте. Мен сени угуп жатам. — Меррик мырза… мен сиздин кызыңыздын колун сурайм. Зымдын аркы бурчунда орноп калган тынчтыктан улам менин жүрөгүм жарылып кете жаздады. Мен толкундануу менен алаканымда турган, тез эле ысык жана жылмакай боло түшкөн төрт тыйынды аралаштыра баштадым. — Эмне дейин, Джош, — деди акыры Меррик мырза, — мен кызымдын сени сүйөөрүн билемин. Мен ага нике деген ашыктык-машыктыктан чоңураак нерсе экендигин түшүндүргөнгө аракет кылдым. — Мен сиз менен макулмун, мырза. — Бирок бул бардыгы эмес. Мен сени биринчи жолу көргөнүмдө, Линн менен жолугушканыңарга каршы чыкканмын. — Ооба, мырза, мен билемин. — Сага муну айткым келет: бул бир жарым жыл аралыгында менин сага болгон мамилем анык өзгөрдү жана мен кызыма үйлөнүшүңө кубаныч менен уруксат берем. — Рахмат, мырза. — Менимче, сени эми жаш айымдын өзү менен сүйлөшкүң келип турса керек? — Ооба, мырза, албетте. Чоң рахмат, мырза. — Сени укканыма кубанычта болдум. — Меррик мырза телефонду четке кое турду. Линн трубканы алган кезде, майда тыйындар түгөнүп бүтөйүн деп калган болчу. — Салам! — деди ал. — Линн, мага турмушка чыгасыңбы? — Албетте, чыгам! — деди ал. Ошону менен телефон биротоло өчүп калды. Эки жумадан кийин Линн өзүнүн сиңдиси Энджи менен Уитонго келишти, алар жергиликтүү мейманканада түнөштү. Кийинки күнү ишемби болчу, майдын биринчи дем алыш күндөрүндө менин ишим чачымдан көп болчу. Уитон колледжинде көптөн бери колдонулуп келе жаткан жаңы үйлөнгөндөр өзүнүн кудалашуусун же тоюн Бланчар-холлдогу «мунарага чыгуу менен» майрамдоо салты бар болчу. Андан кийин алар биргеликте кампустагы бардыгы бул тууралуу билиши үчүн коңгуроо кагышчу. Жуманын башында мен студенттик комитеттен мунарадагы салтанатка уруксат алдым. Ишемби күнүнүн таңы бардык керектүү даярдыктарга жумшалды, мага Дик, Фрэнк жана башка досторум жардам беришти. Али мунаранын үстүнө торт, жүзүм «шуулдамасынан» бир канча бөтөлкө, стакандарды, тарелкаларды, вилкаларды жана салфеткаларды алып чыгыш керек болчу. Саат онго бир канча мүнөт калган болчу, биз болсо сый тамактарды жайгаштырып бүткөн элек. Линнден башка баары чогулган эле. Биз күтүп жаттык. Бирок күтүү көпкө созулду. Саат он бирди көрсөтүп калганда, Фрэнк чыдабай кетти: — Сен аны саат канчада ушул жерде болушуң керек деп айткан элең? — деп сурады ал. — Ондо, — дедим мен. — Биринчи сабак, — деди Дик түнөргөн түрү менен, — аялдар менен пунктуалдуулук бири-бирине төп келбейт. — «Анын артыкчылыктарына көңүл бур жана кемчиликтерине кичи пейил бол». — Сен муну азыр эле уйкаштыра койдуңбу? — дедим мен. — Албетте, жок, — шылдыңдай сүйлөдү Дик. — Бул бир француз акынынын саптарынан… анын аты ким эле? — Мэтью Прайор, кем акыл! Анан ал эч кандай француз эмес — ал англиялык, — кыстыра салды Фрэнк. — Эй, силер, тынчыраак! — деп тыйдым мен, анан биз баарыбыз кулак түрүп калдык. Чын эле кимдир-бирөөнүн мунаранын тепкичи менен өйдө көтөрүлүп келе жатканы угулду. Анан бир көз ирмемден кийин, биздин көз алдыбызда мен үйлөнгөнү жаткан кыз туруп калды. Линндин артынан анын сиңдиси Энджи жана Уитондогу экинчи курста окуган дагы бир досу пайда болду. — Кана эмесе, дароо ишке киришүүнү сунуш кылам, — деди Дик, жүзүм ширесин ачып жана пластик стакандарды биринин артынан бирин толтуруп жатып. — Мен тост айткым келип жатат. Ал ар ким өзүнүн сый тамагын колуна алып, тостту укканга даяр болушун күтүп, чыдамсыздык менен баарын кыдырата карап чыкты. — Джош жана Линн, — силер үчүн. Силерди алдыңарда үй-бүлөлүк бакыттын көп-көп жылдары күтүп турсун. Ошондой эле бактылуу никенин жападан-жалгыз сырын унутпагыла… — А сен аны өзүң билесиңби? — деп кыңкылдап койду Фрэнк. — Никеде аялы айтпаган ар бир сөздү түшүнгөн эркек гана чыныгы бактылуу эркек боло алат! — Мындан эмне чыгат? — деп сурады Фрэнк, андан кийин жөтөлүп алды да, тостун айтты: — Джош! Линн! Бул өзгөчө күнү биз баарыбыз силер үчүн бактылуубуз. Башкысы — силер бири-бириңер менен жашаганга жөндөмдүү болгон үчүн үйлөнүп жатпаганыңар эсиңерден чыкпасын. Силер бири-бириңерсиз жашай албаганыңар үчүн үйлөнүп жатасыңар! — Мына бул туура! — деп кыйкырды Джим Грин деген досум, өзүнүн стаканын көтөрүп жатып. Биздин коноктор да макул боло баш ийкешти. Колдогон көз караштардын астында мен Линндин колун кармадым, анан биз бири-бирибиздин көзүбүзгө терең карадык. Анан ошол жерде мага… эч шектенүүсүз… туура эмес чечим кабыл алганым ачык болду. Кээде өлүмдүн босогосунда турган адамдардан анын көз алдында бүтүндөй жашоосу чагылган чартылдаган сыяктуу тартылып өтөөрүн укканбыз. Мен жүк ташыгычтын мас айдоочусу келип менин унаама сайылганда, муну өзүм да башымдан өткөргөнмүн. Мен кайрадан ошол сыяктуу нерсени башымдан өткөрүп отурам, бирок бул жолу менин көз алдыма менин келечегимдин кадрлары ушунчалык тездик менен тартыла калды. Ооба, Линн — эң сонун кыз, бирок мен аны кандай сүйө алсам, ошондой сүйөм. Кандай сүйүш керек? Бул эмнени билдирет? Бул эмнени билдире турганын билчү эмесмин. Менде болгону жан дүйнөмдүн кайсы-бир тереңдигинде өмүрүмдүн акырына чейин өкүнүп кала турган нерсени мына-мына аткарганы жатканым тууралуу жасалма эмес жана шексиз сезим болуп жатты. Ушул жерде эле кудалашууну токтотуп салыш үчүн мага көп күч керек болчу, — бирок биз бул убакта кыйла тереңге кирип кеткен элек, азыр ушул тапта кимдир-бирөөнүн жүрөгүн жаралабай туруп, артка чегинүүгө болбой турганын түшүндүм. Бэттл-Криктен сатып алган нике шакегин этияттык менен Линндин бармагына тактым. Анын көздөрүнөн жаш куюлуп жатты. Ал да, калган башка бардыгы сыяктуу эле, ушул учурда менин башымда кандай ойлор болуп жатканынан такыр кабары жок болчу. — Коңгуроону чала турган убакыт келди, Джош, — деп колдогон тон менен эскертти Дик. Мен башымды ийкедим да, мунаранын коңгуроосунун тилине байланган жипти карадым, күтүүсүздөн эле асыла турган жайдын дал өзү деген ой келе калды. Бир жолу бир тойдо мен бирөөнүн эсинен танып, эс-учунан танган бойдон кулап түшкөнүн көргөнмүн. Бүт элдин көзүнчө. Ушундай нерсе азыр мени менен болуп өтүшүнө жол бере албайт болчумун. Мен буга чыдай алмак эмесмин. Жылмайган бойдон жипти кармадым да, сезимдеримди башкарганга аракет кылдым. Андан кийин бүт күчүм менен коңгуроону жети жолу кактым. Андан кийин менин ордумду Линн ээледи, анан жердин бетин дагы жети жолку коңгуроонун кагылганы ээледи. Анын аралыгында биз ушул учурда Бланчард-холлдун астынан өтүп бара жаткан жаштардын бул коңгуроонун соккусуна уитондук тамаша традициясы менен реакция кылып жатканын уктук. Ылдыйдан үндөр угулду: — Досум, мындай кылба! — деген үн угулду алыстан. — Кош бол, эркиндик! — деп ага жакын жерден бирөө кошулду. — Кандуу жаңжалдарга көнө бер! Жооп иретинде кубанычтуу жылмайдык да, эми Линн экөөбүз биргеликте жипти кармадык да, жети жолу чалдык. Жети. Жеткилеңдиктин саны. — Мына, кармагыла, — коңгуроо чалынчу жердин дубалдарындагы жазылган башка жүздөгөн ысымдардын арасына өз атыбызды кошушубуз үчүн Энджи бизге фломастерди сунду. Джош жана Линн. 5-май күнү кудалашышты. …Үйлөнүштү. — Кайсы датаны жазып коеюн, кымбаттуум? — деп сурады Линн менден жаркырап турган көздөрүн албай жана колундагы маркерди даяр кармап туруп. — Экөөбүздүн үйлөнүү тоюбуз качан болот? «Эч качан, — деп кыйкыргым келди. — Сен абдан сонун кызсың, Линн, мен билген бардык кыздардын ичинен эң сонунусуң. Бирок мындан эч кандай майнап чыкпайт. Сен үйдө отура турган аялсың, а мен болсо бүт дүйнөнү кезип чыккым келет». — Толук жылы үйлөнсөк кандай? — деп тамашалаганга аракет кылдым. Линн «кийинкиге калтырбай» деп жазып койду, анан биз өбүштүк. Мен өз жашоомду кар көчкү сыяктуу тоодон кулап түшкөндөй сездим. * * * Мени соороткон жалгыз нерсе — Линндин мени окуунун акыркы курсун бүтүрүш үчүн калтырып, дароо эле үйүнө, Мичиганга кетип калганы болду. Ал мага түгөнбөгөн каттарды жиберип жатты, бирок мен алардын бирине да жооп берген жокмун, анан биз телефондо бир канча жолу сүйлөштүк. Ал бир нерсенин жайында эмес экенин баамдаган болсо керек. Мен анын бардык сурактарына ийкемдүүлүк менен жооп берип койчумун — өзүмдүн жашыруун шектенүүлөрүм жөнүндө тике айтканга кудуретим жетпеди. Мен бир жолу телефон менен сүйлөшүү учурунда ушуга жакындаштырып, аны чын эле сүйө турганыма ишенбей турганымды билдирдим. Бирок Линн өзүнүн жообу менен мени таптакыр куралсыздандырып койду: «Мен түшүнөмүн, кымбаттуум. Бирок сен эч нерседен тынчсызданбай эле кой. Сезим — бул ушунчалык туруксуз жана жалганчы нерсе. Өз кезеги менен баары өз ордуна келет, мына көрөсүң». Бактыга жараша, окуунун, жакындап келе жаткан экзамендердин жана кошумча жумуштарымдын айынан биздин мамилебиздин кандайча өнүгө турганы тууралуу өзгөчө тынчсызданышыма чолом да тийбеди. Балким, ал туура айтып жаткандыр. Балким, убакыттын өтүшү менен чын эле бардыгы өз жолуна түшүп кетет чыгар. Бир нерсе мага ачык болчу — сүйүү деген мурдагыдай эле, менин түшүнүгүм жетпеген нерсе болчу. Аялдар дагы. А балким анысы да, мунусу да. Дипломдорду тапшыруу салтанатына бизге башка бирөө эмес, Билли Грэмдин өзү келди. Он тогуз жыл мурда ал өзү да Уитонду бүтүргөн болчу, эми болсо Чикагодогу жакшы кабар таратуу чогулуштарын өткөрүп жаткан. Бирок ошол июнь күнүнүн таңында ал бизге атайын бул сөздөрдү айтыш үчүн келиптир: — Силер менен биздин айланабызда — бүтүндөй дүйнө, ал мурдагыдай эле өзүн Кудайга биротоло багындырган адамды күтүп жатат, — деп ал өзүнүн киришүү сөзүн бүтүрдү. — Ал чоң дүйнөгө али ооруканаларды куруу керек, жаштарга билим берүү керек, Жакшы кабарды таратуу керек. Дүйнө өзүнүн Илияс пайгамбарын жана Жакан Чөмүлдүрүүчүсүн күтүп жатат. Ооба, силерди алдыда зор эмгек — чек араларды багындыруу күтүп жатат. Бул иште Кудай силер менен болот. Узун жана келишимдүү, өзүнүн сөздөрүнүн жана өз ишениминин тууралыгына терең ишенип турган көздөрү менен, ал мага кудум эле түштүктүн акценти менен сүйлөгөн периштедей көрүндү. Бул жолу былтыркы күздөн айырмаланып, өзүмдү абдаарып калганымды жашырыш үчүн аудиториядан чыга качкан жокмун. Теңтуштарымды кыдырата карап, биз Жакшы кабарды дүйнөнүн четине чейин жеткирүү үчүн бир денедей болуп кызмат кыла турганыбызды ойлоп, мен өзүбүздүн жетишкендигибизге сыймыктанып кеттим. Анын үстүнө мени башка бүтүрүүчүлөрдөн бөлүп турган нерсе да бар болчу. Менин мойнум мени мурдагыдай эле тынчсыздандырып жатты жана колдойгон ак бандажды жада калса бүтүрүү салтанатында да тагынып жүрүшүмө туура келди. ОН АЛТЫНЧЫ БӨЛҮМ. АКЫРКЫ ЖАЙ Өзүмдүн сырдоочу бизнесимдин жанында болуш үчүн, мен бул жайды фермада эмес, Бэттл-Криктен ижарага алган анча чоң эмес бөлмөдө өткөрдүм. Өзүнчө алганда, бул туура чечим болчу, анткени жумуш жакшы жүрүп жатты жана мен дайыма бардыгынан кабардар болуп турушум керек болду. Бирок өз мекенимден качканымдын дагы башка себептери да бар болчу. Чынын айтканда, мен ал жак мага дароо эле ар түрдүү эскерүүлөрдү, өзгөчө азыр ал жерде жок болгон апам жөнүндө эстеткендиктен үйдө калгым келчү эмес. Мен мурдагыдай эле өзүмдү ал азыр кайда, анын үлүшү кандай — ал кандай болушу керек деген суроолор менен азаптап жаттым. «Өлгөндөн кийинки жашоо бар, — деп ырастадым мен. — Бейиш деген бар, тозок деген бар. Эгерде адам тирүүсүндө Машайактан баш тарткан болсо, анда ал адам бейишке кирбейт». Ооба, менин насаатчыларым менин үстүмдөн негиздүү түрдө иштешкен. Менин ойлорум кайра-кайра эле апама кайтып келе берди. Ал Ыйык Китепке сый-урмат менен мамиле кылчу, аны «ыйык китеп» деп атачу. Бирок биздин үй-бүлөбүз жыйынга сейрек барчу. Эгерде атам араккеч болбогондо, апам кызматка көбүрөөк бара турганына ишенем. Балким, муну Кудай кандайдыр-бир жол менен эске алат чыгар? Тилекке каршы, мен бул суроого жоопту абдан жакшы билчүмүн: биз жакшы иштерибиз же жакшы ниеттерибиз менен куткарылбайбыз. Куткарылуу — ишенимде жана жалгыз Машайакка таянууда гана. Анда бул нерсе апам үчүн эмнени билдирет? Анын түбөлүктүүлүктөгү орду эми кандай болот? Ал кете берди, а анын Машайактын кучагына келишине башка бирөөгө караганда көбүрөөк тоскоол болгон адам эми жаңы руханий жашоо менен гана эмес, жаңы аялы менен да ыракаттанып жатты. Бул мага адилетсиз сезилди, кудум эле менин апам кимдир-бирөөнүн Машайакка келиши үчүн өзүн курмандык кылгандай, андан кийин болсо, аны четке ыргытып салышкандай сезиле берчү. Эмне үчүн мындай, азыраак азапка туш болушу керек болгон адамдар, көрүнүп тургандай, бул дүйнөдө көбүрөөк азап тартышат? Ошондой эле мен Факторивиллдин чет жакасында Линндин айынан «көрүнгүм» келбей калган. Муну моюнга алуу канчалык кыйын болсо да, эми менде шектенүүнүн көлөкөсү да калган жок — ага бул жаңылыкты кантип билдирүүнү эч ойлоно элек болсом да, мен ага эч качан үйлөнө албайм. Мен ичимден бул проблема өзүнөн-өзү, эч кандай түшүндүрүүсү жок эле чечилип калат деп үмүттөндүм. Ошого карабастан мындай аяктоону күтүп отуруу мен тараптан туура эмес болчу, Линнге карата да адилетсиз болчу. Бирок мен аны менен бетме-бет жолугуп, түшүндүрүүгө кудуретим такыр жетпеди, ошондуктан өзүмө кутулуунун чарасын жумушта узак убакыт отура берүүдөн, аны менен кошо Калифорния университетинин юридикалык факультетине тапшырууга зарыл болгон даярдыктардан таап жаттым. Бул кыялымды ишке ашырууга болгон түрткүнү мага Боб Хэммонд берди, ал менин Келлога колледжинде окуп жаткан мезгилдерден берки досум болчу. Ал машайакчы болгон жана менин сырдоочу компаниямда иштечү. Бир жолу маектешип жаткан учурда анын жайдын аягында Калифорнияга саякатка барууну пландаштырып жатканын билдим. — Эгерде кааласаң, — кошул, экөөбүз бирге барабыз, — деди Боб. — Качан барганы жатасың? — деп сурадым. — Эртең болсо деле боло берет, эгерде кааласаң. — Анчалык тез эмес, досум. Сен менин али бизнесим жөнүндө кам көрүшүм керектигин унутуп койдуңбу? — Анда сага канча убакыт керек? — Үч жумадан кийин болсо кандай? — Үч жума — демек үч жума. Биз менин унаам менен барабыз, а сеникин болсо чиркеп алабыз. — Чын элеби? — Албетте, эмнеге болбосун? Жол чыгымдарын элүү-элүүдөн бөлүп алабыз. Сага ушундай план жарайбы? Калифорнияда менин досторум бар. Биз аларга эскертүүсү жок эле барсак да, каршы болушпайт жана өзүбүзгө төп келген жайды таап алгыча, канча-бир убакыт бою алардыкында боло турабыз. — Ооба, кызыктуу угулат. — Эмесе — мага кошуласыңбы? — Болуптур, бирге баралы. Ыраазы боло түшкөн Боб желкеме муштады: — Биз Батышка барышыбыз керек, досум, Батышка! — деп ырдады ал, бактылуу жылмая. — Ооба-ооба, мен түшүндүм. Бул дубал сырдалып бүткөндөн кийин — Батышка. Унутпа, сен али да «Биринчи сырдоочу компанияда» иштеп жатасың жана бул үй сага калат. Боб мага тамашалай салют берди да, кайрадан ишине киришти. Жумалар өтүп жатты, анан мен акыры, жумуш бүткөндөн кийин, Линн менен жолугушканга күчүмдү жыйнадым. Мен эшикти каккыладым, ал дароо эле эшикти ачты. — Саламатсыңбы, Линн. — Салам, Джош. Кир. — Андан көрө ушул жерде эле сүйлөшпөйлүбү? Мен бул кечтин ушунчалык сонун болуп турганын айткым келип турат… — Албетте. — Линн термелгич диванга отурду, өзүнүн жанынан мага да орун берди, бирок мен веранданын тосмосуна жөлөнүп турганды артык көрдүм. — Линн, мен сага… э-э-э… кийинки жумада… айтканы келдим. — Эмне — кийинки жумада? — Бир жумадан кийин… — мен кайрадан кекечтене баштаганымды сездим. — Кийинки жумада эмне болот, деги? — Мен… сага кандай айтсам экен? … Калифорнияга кетип жатам, — деп акыры сөзүмдү аягына чыктым. — Юридикалык факультетке тапшырыш үчүнбү? Эрте эмеспи? Мен терең дем алдым да, өзүмдү колго алганга аракет кылдым: — Жол жакын эмес, өзүң билесиң… анын үстүнө Боб… Боб Хэммонд экөөбүз, кыскача айтканда, өзүбүзгө туристтик саякат сыяктуу бир нерсени уюштурдук. Жолдо бара жатып ар түрдүү жерлерди көрүп кетебиз: Аскалуу тоолорду, Гранд— Каньонду… сен өзүң билесиң. — Боб Хэммонд деген ким? — Ал биздин сырдоочу компанияда иштейт. — Мага открытка жөнөтүп турасың, макулбу? — Линн… — Ал мага унчукпай калды, анан мен анын көзү караңгылыкта жаркырап турганын көрдүм. — Линн… сен мени кечирип кой… Ал бармагын менин эриндериме койду, сөзүмдү акырына чейин айтканга уруксат бербей, бирок сөздөрдү токтотууга болбой калган эле: — Линн, мен сага үйлөнө албайм. Колумдан келбейт. Акыры биз бири-бирибизге өзүбүздүн акылыбызда болгон нерсени чыгарып айта алдык. — Бирок сен мени кайсы-бир мезгилде сүйгөнсүң да, туурабы? — Ооба, ошондой болгон. — Анда эмне өзгөрүп кетти? Мен сени мурдагыдай эле сүйөм. — Линн, — дедим мен, анын жанына отуруп, — биз экөөбүз тең ишенген адамдарбыз. Биз Ыйсанын биздин кадамдарыбызды багыттап жатканына ишенебиз. Биздин жашообузда Анын эрки аткарылсын үчүн сыйынабыз. — Бирок кандайдыр-бир себеп болушу керек го, — деп ишенимдүү сүйлөдү ал, менин сөзүмдү бөлө. — Мен сенин ата-энеңдин биздин никебизге кандай карай турганын билемин. — Менин ата-энемдин бул жерде эч кандай тиешеси жок. — Бул азырынча. Алар сенин үйдөн алыс жерде жашашыңды каалашпайт, а мен болсо, бул жерден мүмкүн болушунча алыс жакка кетким келет. Жол мени кайда алып бараарын ким билет? Балким, ал дүйнөнүн аркы четиндедир. Анан да кептин баары мында эмес — юристтикке окуу менден бир канча жыл бою өзүмдү бүтүндөй арнашымды талап кылат. — Андай болсо, мен сени күтөмүн. — Мен үйлөнгүм келбейт, Линн. Эгерде сен ушуну билсең, сага жеңил боло турган болсо, анда билип кой, менде эч кимим жок. Линн өзүнүн алды жагын тигиле карап тура берди: — Сен башка эч нерсе айткың келген жокпу? — Мен сага ушундай ооруну бергениме абдан өкүнүп турам. Мен мындай кылгым келген эмес болчу, ишен. — Менимче, сен кетишиң керек, Джош. — Линн… анан дагы… шакек тууралуу… — Шакектин бул жерде эмне иши бар? — Биз үйлөнбөй калгандан кийин… балким сен аны мага кайтарып берет чыгарсың? * * * Бирок Линн мага шакекти кайтарып берген жок. А мен болсо, аны менен кокусунан шаарда же жыйында жолугуп калуудан качып, Бобго телефон чалып, пландаштырганыбыздан бир канча күн мурда эле жолго чыга берүүнү сунуш кылдым. Биз жума күнү таң атары менен жөнөмөк болдук, а бир күн мурда кечинде атамдан кабар алууну чечтим. Берта ашканада түшкү тамакты даярдап жүргөн экен. — Ал Бергердин фермасына балык уулаганы кетти, — деп билдирди ал. Күтүлгөндөй эле, мен атамды көлдүн жанынан таптым. Анын жанында кайырмагы менен муздаткыч-сумкасы бар экен. — Эй, салам! Балык кармоо кандай болуп жатат, ата? — деп чакырдым мен аны. — Болуп жатат. Биз сен экөөбүз акыркы жолу бул жерге келгендегиге салыштырып болбойт. Сен да балык ууламак болдуңбу? Менде бир эле кайырмак болгону өкүнүчтүү. — Эч нерсе эмес, ата. Мен сага балык уулаш үчүн келген жокмун. — Ошондой де? — Эртең Калифорнияга кетем. — Мен кийинки жуманын аягынан эрте кетпесе керек деп ойлогон элем. — Пландар өзгөрүп кетти. — Ал дайыма ошондой болот, — деп башын ийкеди атам, — а качан кайтам деп ойлойсуң? — Менимче Ыраазычылык Күнүндө үйгө кайтуунун кажети жок. Балким, Ыйсанын туулган күнүнө келермин? Атам эч сөз айтпастан мен тарапка карап койду. Аз-аздан анын эриндери жылмайа баштады. — Эгерде бирдеме керек болуп калса, билдирип кой. — Сен эмнени назарда тутуп жатасың? — Айттым да… а балким ал жакта сенде финансылык кыйынчылыктар башталып калышы мүмкүн. — Ата, сенде акча жок да. — Кара күн үчүн бир аз камдап койгом. А эгерде керек болуп калса, фермадагы бир нерсени сата коем. Мен башымды чайкадым: — Жок, ферма — бул сенин үйүң. Менде бардыгы жайында болот, тынчсызданба. Андан көрө өзүң үчүн кам көр, макулбу? — Же болбосо сага жакшы кеңеш керек болуп калса… — Анда дароо сага кайрылам! — Кечеңдетпегин. Бирок менин айткандарымдын баарын экиге бөлгөндү унутпагын. Мен башымды ийкедим. Анан кокусунан эле кайырмак тирүү болгонсуп, атамдын колунан чыгып кете жаздады. Ал сөзгө алаксып кетип, балыктын кайырмактагы жемди тартып жатканын байкабай деле калыптыр. Бир мүнөт өттү — анан анын муздаткыч-сумкасы көк кабырчыктуу кыйла чоң өлчөмдөгү дагы бир балык менен толукталды. Ал илмекке дагы бир жемди сайды да, кайырмакты салды, анан — пай-пай! — дагы бир олжо. «Кайсы жерде турган болсоң, ошол жерде тура бер, уулум! — деп кубана кыйкырды ал. — Ордуңдан жылба! Сен мага ийгилик алып келип жатасың!» Биз атам экөөбүз эски көлмөнүн жанында таптакыр караңгы кирип кеткиче отурдук, андан кийин фермага кайтып келдик. Айдын жарыгы биздин жолубузду жарык кылып жатты. Берта мени мажбурлап жүрүп, столго отурганга көндүрдү, тамак таптакыр муздап калган болсо деле, кечки тамакты жегенден баш тартпадым. Мен ач көздүк менен тамак жегенге кириштим, а атам болсо бул убакта кечирим сурады да, конок бөлмөдөн чыгып кетти. Ал колуна инструменттер салынган эски жашыгын көтөрүп кайтып келди. — Сен бирдемени оңдогону жатасыңбы, ата? — деп сурадым. — Жок, мунун мага кереги жок. Жөн гана сен муну Калифорнияга кеткениңде өзүң менен кошо ала кетишиңди каалайм. Жол жакын эмес — карап көр, жолдо керек болуп калаар. Мен атама менин да, Бобдун да унаасында инструменттердин комплекти бар экенин айтмакчы болдум, бирок кийин айтпай эле коеюн деп чечтим. Атам жашыкты столдун үстүнө дал менин алдыма коюп койду. — Уилмот! Сен эмне кылып жатасың? — деп ачууланды Берта. — Кайда коюшту тапкан экенсиң — таптаза дасторкондун үстүнө! Бул тамак жей турган стол да! Мен жашыкты алдым да, аны өзүмдүн бутумдун асты жагына коюп алдым. — Ох, ушу эркектер, — деди Берта дасторкондун үстүндөгү жашыктан түшүп калган даттын жана чаңдын күкүмдөрүн түшүрүп жатып. — Рахмат, ата, — дедим мен. — Кайра үйгө келгенимде кайтарып берем. — Жок, уулум. Эч нерсени кайтарыштын кереги жок — бул эми сеники. — Атасынан — уулуна белек, туурабы? — дедим мен. — Атасынан — уулуна, — деп кайталады ал. Биз дагы бир аз отурдук, бирок акыры коштошо турган убакыт келди. — Мен аны сага тапшырдым, Берта, — дедим эшиктин алдында. — О, тынчсызданба, Джош. Баары жайында болот, сен билесиң да. — Берта менин бетимден өөп койду, анан мен өзүм чоңойгон — чындыгында, туулган үйдөн чыгып кеттим. Кайра бурулуп, мен дагы бир жолу дубалдардын көрүнүшүн, менин артымдан канча жолу жабылганы белгисиз эшикти, эски веранда менен тепкичти карадым. Менин акылыма өзүнөн-өзү Ыйык Китептеги аяттар түштү: «Бала кезимде жаш балача сүйлөп, жаш балача ойлонуп, жаш балача ой жүгүртчүмүн. Эр жеткенде балалык көз караштарымды калтырдым» (1 Кор. 13: 11). Унаама келип отурганда деле мен өзүмчө айдын жарыгы астында бардык нерсе канчалык тынч жана жайбаракат көрүнө турганына таң калганымды белгилебей тура албадым. Өз жүрөгүмдүн кайсы-бир тереңдигинде мен: «Кечир… жана кайыр-кош», — деп шыбырадым. Атам мага инструменттер салынган жашыгын берди. Ал өзү аны алып, менин артымдан көтөрүп чыкты — мен аны чындап эле унутуп калганыма же атайылап ашканада калтырып кеткениме ишенген жок окшойт. — Шаардагы адамдарга өзүңдүн күбөлөндүрүүлөрүңдү айта бер, — дедим мен, биз унаага келип калганда. — Анан дагы түрмөлөрдө деле. — Тынчсызданба, уулум. — Сен адамдар менен сүйлөшө аласың. Карачы, сени менен баарлашуу аркылуу канчалаган адамдардын жашоосу өзгөрүлдү. Атам унчукпай башын ийкеди, анан мен анын эриндерин кандайдыр-бир таң калыштуу түрдө кымтыганын байкадым. — Ата, сен жакшы элесиңби? Сенин көрүнүшүң анча жакшы болбой турат. — Жок, баары жайында, — деп жооп берди ал. — Болгону акыркы убактарда ичим ооруй турган болду. Ошончо жыл спирттик ичимдик ичкенимдин зыяны көрүнүп жатат окшойт. — Сен дарыгерге барып, текшерилип көр, — дедим унаага отуруп, инструменттер салынган жашыкты арткы орундукка коюп жатып. Атам болсо мени жакшыраак көрүш үчүн ачык турган эшикке жөлөндү: — Ыйсанын туулган күнүнө келгениңде, өзүбүзгө муздун астынан балык кармоону уюштурабыз. — Келиштик! — Анда, келишкен болсок, эч кандай шылтоо кабыл алынбайт. — Эч кандай шылтоо болбойт, ата. Ал башын ийкеди. Азыр биз күңүрт күзгүдөн көргөнсүп, даана көрө албай жатабыз, кийин болсо даана көрөбүз. Азыр менин билимим чектелүү, Теңир мени кандай билсе, кийин мен баарын ошондой билип алам. (1 Кор. 13: 12) — Макул эми, коштошолу, — деди атам. — Мен сенин дарегиңди билишим үчүн, жайгашып алаарың менен мага кат жаз. Мен да сага жазамын. «Мына эмесе! — деп ойлодум. — Өз атаңдан келген кат. Акыры жеттим!» — Тынчсызданба, биринчи кылган ишим сага кат жазуу болот. Мен унаамды жүргүздүм да, артка айдадым. Бирок кайсы-бир көз ирмемге чейин арткы фаралар караңгыдан атамдын келбетин кармап алышты, арт жакты көрсөткөн күзгү кандайдыр-бир элестүү жана денесиз адам катары көрсөттү, — анан акыркы жолу мага колун булгалап, караңгыга сүңгүп кеткендей болду. Ал эми азыр үчөө бар: ишеним, үмүт, сүйүү. Бирок сүйүү баарынан жогору. (1 Кор. 13: 13.) ОН ЖЕТИНЧИ БӨЛҮМ. БАТЫШКА Кийинки күнү биз Боб экөөбүз Бэттл-Криктен чыктык. Аба-ырайы күндүү жана ачык болуп турду, биз Индиана жана Иллинойс аркылуу өтө турган алыс жолго аттандык. Бир канча күндөн кийин Айовага жеттик, андан кийин Небраска жана Колорадо бар болчу. Ютанын чек арасын басып өтүп, Аризонага чыгышыбыз үчүн сегиз же тогуз күн кетти, анан биздин көз алдыбызда Гранд-Каньон көрүндү. Биз анын түштүк четине токтодук да, туристтик топ жана жол баштагыч менен бирге экскурсияга жөнөмөкчү болдук. Жол боюндагы көрүнүш абдан кооз болчу — өзгөчө чыйыр жолдун арт жагындагы түпсүз чуңкур! Жөө жүргөн туристтерден сырткары анчалык кайраттуу жана чыдамкай эмес туристтерди үстүндө ташыган эшектер бар эле, ошондуктан кээде жаныбарларга жол бериш үчүн бүт денең менен аскага жабышып алгың келер эле. Улуу жаратылыш кооздугу Гранд-Каньон мага Кудай Өзүнүн көрүнбөгөн сапаттарын бизди курчап турган жаратылыш аркылуу ачып берген, танууга мүмкүн болбогон далил катары көрүндү. Биз Боб экөөбүз дароо эле жолдошторубуз менен таанышып алдык. Алар студенттик тажрыйба алмашуу үчүн келген чет өлкөлүк студенттер экен: Мозамбиктен келген Паскуаль, Мисирден келген Марван, Швециядан келген Ингвар жана Италиядан келген Джина. Мен дароо эле алар менен мамилелешким келди. Биз «Индейц багында» түшкү тамак үчүн тыныгуу жасаганыбызда, ал жер ылдыйдан болжол менен он километр бийиктикте болчу, мен өзүмдүн ишенимим менен абдан бөлүшкүм келип жатканын сездим. Айланадагы орун абдан кооз болчу. Кайсы-бир мезгилде индейцтердин хавасупай[16] деген уруусунун мекени болгон «Индейц багы» каньондун айланасында асылып турган асканын арасындагы чыныгы оазисти эстетип жатты. Улуу теректердин арасынан агып жаткан дарыянын жанында эс алдык. Баары эс алганы жайгашканда, мен жалгыз аяк жолдо бара жатканыбызда, өзүбүздүн ар түрдүү диндерибиз жана ишенимдерибиз жөнүндө башталган сүйлөшүүнү уланттым. — Мен силерге Кудай жана Ыйык Китеп жөнүндө айтып берсем болобу? — Эч ким каршы болгон жок, анан мен өзүмдүн жолдошторумдун көңүлүн бизди курчап турган чөйрөгө бурдум: — Биз дайыма жана бардык жерде Кудайдын жаратканынын кооздугун көрө алабыз. Биз анын — күчтүн Кудайы, сулуулуктун жана чыгармачылыктын Кудайы экенин көрөбүз. Бирок силер да качандыр-бир мезгилде азыр бизди курчап турган ушул улуу аскалар сыяктуу эле, биз дагы Анын жаратканы экенибизди ойлоп көрдүңөр беле? Ыйык Китепте Ал биздин бардыгыбызды: Паскуалды, Марванды, Ингварды, Джинаны жаратканы айтылган… менимче, сен жөн гана асмандан түшкөнсүң… анан да… Бардыгы жапырт күлүп жиберишти. — А менчи? Мен жөн гана Мичигандын терең бир жериндеги фермадан чыккан жигитмин, менин тамырым ирландиялыктар менен англиялыктарга барып такалат. Бирок биз баарыбыз Кудай үчүн эң сонунбуз. Ал биздин ар бирибизди Өзүнө окшотуп жараткан. Ага биз менен бирге болуу жагат, бизге да Аны менен болуу жагышы керек! Ал — сүйгөн жана ыйык Ата. Бирок биздин күнөөлөрүбүз бизди Андан ажыратып салган. Биз менен Кудайдын ортосунда казылган аң бар. Андай болсо, биз Ага кантип келе алабыз? Биз Аны менен кантип элдешебиз? Жооп — Ыйсада, биз эркиндикке чыгышыбыз үчүн айкаш жыгачта өлгөн Куткаруучуда. Кудай дүйнөдөгү бардык адамдарды тобо кылууга жана Анын Уулу Ыйса Машайакка ишенүүгө чакырып, эмгектенгенин токтотпойт. Эмне үчүн? Анткени келечекте Машайак дүйнөнү соттой турган күн келет. Мен Бобго уурдана карадым — ал таң калганынан оозу ачылып калыптыр, ал менден ушундай эркин мамилелешүүнү күтпөгөндүктөн эле эмес, айланамдагылардын баары менин айткан ар бир сөзүмдү түшүнүп жаткандай сезилгендиктен улам болчу. Мен ушундай абалда дагы беш мүнөт сүйлөдүм, андан кийин өзүмдүн жаңы досторумдун жанына отурдум. Боб мага сэндвич берди, бирок мен тамагымдан эч нерсе өтпөй калгыдай деңгээлде сөзгө кызыгып калган элем. Студенттердин арасынан кайсы-бирөөлөрү мага суроо бере баштады, анан мен кызыгуу менен маек кура баштадым. Ал тургай биз кайрадан жогору көздөй чыга турган убакыт келгенин байкабай деле калдык. — Сенде чечендик өнөр боюнча бай тажрыйбаң болсо керек? — деп сурады Ингвар, жалгыз аяк жолдо менин артымдан келе жатып. — Ал чечен эмес, насаатчы, — деди Жаңы Зеландиядан келген студент Уоллас. — Чындыгында, мен анысы да, мунусу да эмесмин. Мен силер сыяктуу эле жөнөкөй студентмин. — Кудай Сөзүн үйрөнүп жатасыңбы? — деп кызыкты Паскуаль. — Жок, Калифорниядагы юридикалык факультетке тапшырганы жатам. — Швецияда менин лютерандык насаатчы тагам бар, — деди Ингвар. — Аны менен аялы да Ыйса тууралуу кудум сага окшош айтышат. — Анткени алар Аны билишкенинен улам болуш керек, Ингвар. Ал алардын жүрөгүндө жашаганынан жана алардын Аны сүйө турганынан шегим жок. Ыйсаны Куткаруучу жана Теңир катары тааныганыңда, сен да Аны сүйбөй кое албайсың. — Мен өзүмдү ишенген адам деп айта албайм, — деди Ингвар. — Эгерде мага кандайдыр-бир ат жараша турган болсо, анда ал — агностик деген ат. — Менде да бул клубка мүчө болгон билетим бар болчу! — деп кыйкырып жибердим да, менин алдыма коюшкан ошол тапшырма жана өзүмдүн Европаны саякаттап жүрүп, Машайактын жашоосунун чындыгына ишенгеним тууралуу кайраттуулук менен айтып бердим. Биз каньондун үстүнө чыккан кезде баары алдан-күчтөн тайып бүтүштү. Бирок баары бир чарчаганыбызга карабастан, биз биргеликте Гранд-Каньондун татаал аймагын басып өттүк, эми бири-бирибизге тамашалап жаттык, таасирлерибиз менен бөлүшүп жаттык. Эки таманымда тең ыйлаакча пайда болду, анын үстүнө күнгө да укмуш күйдүм, — бирок эң башкысы жаңы досторумдун ар түрдүү жети өлкөгө чакыруусуна ээ болдум. — Ооба, сен сөз өнөгүн алдырбайсың, сөздү баштап эле алсаң болду, — деди Боб, биз кайрадан унаабызга олтуруп, сапарыбызды улантып жатканда. Мен жооп иретинде жылмайып койдум, бирок ошол замат эле мени алыстагы бийик тоонун кыркаларынын кооздугу, бизди туш тараптан курчап алган ачык мейкиндик өзүнө туткундап алды. Күн так эле биздин алдыбызда батып бара жатты жана жылуу шамал менин чачтарымды сылады. Бизди алдыда бүтүндөй дүйнө, чоң үмүттөр менен убадалардын дүйнөсү, күтүп жатты. «Дүйнөдө мындан өткөн сонун нерсе болушу мүмкүнбү, — деп ойлодум. — Мени Өзүңдүкү кылып кабыл алганың үчүн жана мурдагы ишенимсиздик менен көңүл калуулардан алып чыкканың үчүн Сага рахмат, Кудайым. Менде дагы биз азыр гана Гранд-Каньондо жолуккан студенттерден эч нерсем менен айырмаланбаган кездерим болгон. Бул жөнүндө унутуп калышыма жол бере көрбө. Бирок алар менен маектешүү канчалык кубанычтуу болду! Мен бүгүн айтып берген сөздөрдүн кайсы-бири алардын эсинде сакталып калат деп үмүт кылам. Мен Сага таандыкмын, Теңир. Мына, мен Сенин эркиңди аткаруу үчүн бара жатам». Жада калса, бул насааттык кызмат болсо делеби?... Менин оюма кайдан келе калганы белгисиз болгон бул суроо, ушунчалык так угулгандыктан, кудум эле үн чыгарып айткандай сезилди. Таң кала түшкөн мен ошол замат отургучумда оңдонуп отура калдым. Боб мени карай калды: — Сага эмне болду? Баары жайында элеби? — Ооба, баары ордунда. — Чын элеби? Көрүнүшүң кандайдыр-бир башкача. — Ооба… башыма бир ой келди. Эки күн жол жүргөндөн кийин, биз Коста-Месага келдик жана Бобдун досунун үйүнө токтодук, ал дагы машайакчы экен, бизди абдан жакшы тосуп алды. Келген күнүбүздүн эле кечинде мен көзгө көрүнөө турган журналды барактай баштадым, анан Талбот Кудай Сөзүн окутуу мектебинин студенттерди кабыл алуу жөнүндөгү жарыясына көзүм түшүп калды, ал мектеп ушул эле жерде, кошуна шаар Ла-Мирада шаарчасында болчу. Жарыяны көргөнүмдө бир нерсени алдын-ала сезгендей болдум. Балким, Кудай менин ошол жакка барышымды каалап жаткандыр? Кое турчу… А мен бул жөнүндө эмне үчүн ойлоп жатам? Мен юридикалык факультетке тапшырганы келбедимби… анан да мага керектүүсү так ушул. Бул «окуя» болжол менен кечки саат сегизде болду. Эрте менен, мен ойгонгондо, журналдагы жарыя мага мурдагыдай эле тынчтык бербей жатты. Менимче, Ла-Мирадага барып, бул мектептин кандай мектеп экенине кызыгып көрсөм, эч нерсе болбойт. Ал жакка барганга кырк беш мүнөт убакыт кетет болчу, анан мен жолдо баратып, Кудай менен өзгөчө келишим түзүп алдым: эгерде таптакыр ойго келбеген жерден мени студент кылып кабыл алышса, анда Сенин мен үчүн болгон эркиң — насаат айтуучулук кызматы экендигин билемин. Андай болбосо, мен өзүм пландаштыргандай, юридика факультетине тапшырамын. Мына ушул нерсеге токтолобуз деп айттым өзүмө, анан эч нерсени татаалдаштырып отурбайбыз. Аба-ырайы жакшы болуп турду, күн ачык болчу, анан мен Ла-Мирадага чейин эң сонун маанайда жетип алдым. Административдик корпустун жанындагы унаа коюучу жайга унаамды койдум да, каттоо бюросуна бардым жана катчы кызга семинарияга тапшыргым келип жатканын билдирдим. — Сиздин атыңыз? — деп сурады ал. — Макдауэлл. Джош Макдауэлл. Ал өзүнүн барактарын барактап көрүп, башын чайкады: — Өкүнүчтүү, тизмеде сиздин фамилияңыз жок экен. — Ооба, мен билемин, билемин. Чындыгында… мен сиздердин окуу жайыңыздар тууралуу кечээ гана билдим. Катчы кыз мага таң кала карап: — Анан сиз… мен сизди туура түшүндүмбү? — Ооба, мен документтеримди тапшырып, сиздердин окуу жайыңыздарга киргим келди. Бирок эми бул мүмкүн эмес окшойт, ээ? — Албетте, жок. Кандидатураларды тандоо процессинин өзү эле бир канча айды талап кылат, анда да жолуңуз болгондо. Ошондуктан сиз кийинки жылы — андан эрте болушу мүмкүн эмес — биздин семинариянын студенти боло аласыз. Мен жеңилдей түшүп дем алдым: — Эң сонун! — Сиз эмне дедиңиз? — Жакшы калыңыз, айым, — деп эшикти көздөй жөнөдүм. «Мына бүттү, — дедим өзүмө, чыгып бара жатып. — Мен келишимдин өзүмө тиешелүү бөлүгүн аткардым. Анда эмесе — эки буттап Калифорния университетине!» Анан бир маалда эмне үчүн экенин өзүм деле билбейм, токтоп калдым да, кайрадан катчы кыздын столуна кайтып келдим. Ал ошол таң калган бойдон турган экен, балким, полицияны чакырсамбы деп ойлогон деле болсо керек. — Кантсе да, мага айтыңызчы, студенттерди кабыл алуу боюнча акыркы чечим кимден көз каранды? Мен бул суроо менен кимге кайрылсам болот? — Сиз бул суроо боюнча, доктор Файнбергге кайрылыңыз. — Доктор Файнберг дедиңизби? — Ооба. Бирок сиз аны менен сүйлөшө албайсыз. — Эмне үчүн сүйлөшө албайм? — Анткени ал — ректор. — Ал өз ордундабы? — Адатта, жай мезгилинде ал бул жерде болбойт, бирок… — Эмне? — Бүгүн ал өз кабинетинде. Күтүүсүздөн кайтып келди. — Андай болсо, мен ага эмне үчүн кайрыла албаймын? — Мен сизге айтпадымбы? Ал семинариянын ректору, анын үстүнө абдан бош эмес. — Бирок сиз ага мен тууралуу билдирип кое аласыз да, туурабы? Катчы кыз мени кыжырданган бойдон баштан-аяк карап чыкты, бирок менин чегинбей турганымды көрүп, атайлап жактырбаган үн менен: — Ушул жерде күтө туруңуз, — деп жооп берди. — Жакшы болот, күтө турам, — дедим мен, креслого отуруп жатып, ал болсо холлдун ичкери жагына кирип жоголуп кетти. Бир канча мүнөт өткөндөн кийин катчы кыз кайрадан пайда болду, анан аны тосуп алыш үчүн ордумдан туруп, мен үчүн кам көргөнүнө ыраазычылык билдиргенге даярданып жаттым, андан кийин: — Ооба, ал азыр сизди кабыл ала алат. Эң акыркы солдогу кабинет, — деп айтканын уктум. Мен ал кайтып келген ошол тарапты көздөй жөнөдүм, тартынчаактык барган сайын мени көбүрөөк каптап келе жатканын сездим. Акыры мен эшигине «Д-р Чарльз Файнберг» деген табличка илинген кабинетке келип жеттим. Эшик ачык болчу, анан мен анын арт жагында чоң жазуу столунун үстүнө эңкейип, бир нерсени жазып жаткан адамды көрдүм. Эшикти тыкылдаттым да, өзүм жөнүндө билдирмек үчүн жөтөлүп койдум. «Кириңиз», — деди доктор, анан мени карап койду. Өзүнө чак келген костюм жана галстук, ошондой эле кыска алынган мурут менен алкагы жоон кара көз айнек ага олуттуу түр берип турду. Мен түз эле столго келдим да, эч даярдыксыз эле сүйлөй баштадым: — Менин семинарияга тапшырууга болгон каалоом жок болчу. Мен юристикке окугум келет. Мен бул тууралуу бүт өмүр бою кыялданып келгенмин, ошондуктан Калифорния университетинин юридика факультетине тапшырыш үчүн ушул жакка келген болчумун. Бирок кечээ кечинде сиздердин мектепке кабыл алуу жөнүндөгү жарыяны көрүп калдым, анан ушул жол менен Кудай мага бирдемени айткысы келип жатат окшойт деп ойлодум. — Ооба, кээде Ал ушундай таң кала турган нерселерди кылат, буга макулсузбу? — деди доктор Файнберг, анан өзүнүн айлануучу креслосунда бурулду да, иштин арасында терезе жакты карады: — Унаа коюлчу жайда турган унаа сиздикиби? — Дал өзү, — деп жооп бердим ачык-айрым үн менен. Аны жууп эле койсо болду — анан унаам унаа эмес эле, куурчак болуп калат. — Чын элеби? — Эч шектенбеңиз. Газды берсең эле, дөңгөлөктүн астынан шагыл ыргыйт. Унаа эмес эле, жырткыч. Доктор Файнберг кайрадан креслосунан бурулду да, көз айнегинин үстүнөн мага тигиле карап калды. «Керектүү нерсенин дал өзү, — деп ойлодум, — сыягы, мен жөнүндөгү таасири жакшыдан кыйла алыс го». — Билимди кайсы колледжден алдыңыз, мырза… — Макдауэлл. Мен Уитонду аяктадым, мырза. — А бааларыңыз? Жетишкендигиңиз кандай болчу? — Менин бааларым жакшы. Доктор Файнберг алакандарынан «үй» жасады да, бармактарынын учтарын ойлуу тыкылдата баштады: — Анан сиз бул жакка семинарияга келдиңиз, анткени Калифорния университетинин юридикалык факультетине тапшыргыңыз келет? — Жок, мырза. А жок, ооба, мырза. Кептин баары, сиз көрүп турасызбы, биз келишим түзгөнүбүздө… — Бул нерсе кызыктуу болуп баратат, — деди ректор араң билинген жылмаюсу менен. — Мен Кудайга — эгерде Сен мени насаатчы кылгың келсе, мен макулмун! — дедим. Болгону мен Анын так ушул нерсени каалап жатканына анча ишенбей турам. — Эки колумду кайчылаштырып турдум да, доктор Файнбергдин мени кабинетинен дароо кууп чыгышын күтүп жаттым. Кечиккен жымжырттык чыдамсыз болуп баратты. Ал кайрадан менин унаама, анан мага карады. — Эмне дейин, бүгүн дароо Уитонго телефон чалыңыз, алар авиапочта менен сиздин документтериңизди бул жакка, Талбот мектебине, жөнөтүп жиберсин, — деди ал. Дүйшөмбүдөн баштап, сабактарга катыша берсеңиз болот, а сиздин кабыл алынууңуздун майда-чүйдө иштерин бир канча жума ичинде бүтүрөбүз. Менден жооп чыкпагандан кийин, ал кайрадан сурады: — Ушундай вариантка макулсузбу, Макдауэлл мырза? Мен бир да сөз айта албадым — ал тургай башымды да ийкей алган жокмун. Көзүмдү да ирмей ала турган абалда эмес болчумун. Доктор Файнбергдин кабинетинен теңселип чыктым. Эрте мененден бери өзүмдү Кудай менен чынчыл болдум деп мактап жаткан болчумун, жыйынтыгында да баары бир меники боюнча болот деп күткөнмүн. Бирок Кудай ошол замат ордума коюп койду, ошондуктан мен өзүмдү коерго жай таппай калдым. Дүйшөмбү күнү мен окууга кириштим жана эки жума бою тырышып окудум. Бирок бул убакыттын баарында кусалыктан улам өзүмдү коерго жай таппай жүрдүм. Кампуста болуп жаткан ар бир коомдук тапшырмага аралашып, өзүмдү алаксытканга аракет кылдым, ар бир иш-чарада жаңы дос кызым менен пайда боло калып жаттым. Бирок эч бир нерсе менин жан дүйнөмө тынчтык бере алган жок. Чын-чынын айтканда, Кудай мени өзүмө-өзүм алды-артын ойлобой жасаган тузагыма башым менен тыгылып кала тургандай кылып койду. Бирок мен Ага сөз бердим жана бул сөздү аткардым. Ошентип, сабактардын үчүнчү жумасы башталды. Биздин окутуучу доктор Джеймс Крисчен кокусунан менин атымды айтканда, анын үстүнө бүтүндөй класстын алдында, мен жыйындын тарыхы сабагында адаттагыдай эле үргүлөп отурган болчумун. Анын сөзүнүн башталышын укпай калдым, бирок андан аркы уккан сөзүмө уялганымдан кызарып кеттим. «Мисал үчүн Макдауэлл мырзанын алалы, — деди доктор Крисчен, мен тарапты көрсөтүп. — Эгерде жыйын бүткүл дүйнөлүк масштабдагы жакшы кабар таратууну өткөрсө, биздин коллегабыз тегеректеги бардык студент кыздар менен жолугушууга чыккан сыяктуу, анда бүт дүйнө биз тирүү турган кезде эле куткарылып калат». Бүт класс бырс этип күлүп жиберди. Мен болсо бир көтөрүм китеп менен дептерди тарс эттире окутуучунун столу тарапка ыргытып жибердим. — Жетишет! — деп кыйкырдым. — Мен мунун баарына эмне үчүн чыдашым керек? Бүттү, мен кетемин! Имараттан аткан ок сыяктуу учуп чыгып кеттим. Кайда барарымды деле билген жокмун, болгону кампустан тезирээк чыгып кетишим керек. Бир канча квартал өткөндөн кийин, орто мектептин имаратынын алдынан чыктым. Мен анын жанынан өтүп бара жатканымда, коңгуроо чалынып, окуучулар көчөгө жамырап чыгышты. Мен саатымды карадым. Түшкө чейин болгону бир канча мүнөт калган болчу. Телефон будкасына эңкейип, өспүрүмдөрдүн менин айланамда ары-бери басып жүрүшкөнүн унчукпай карап турдум. Менимче, мектептин имараты бир мүнөттөн аз убакыттын ичинде бош боло түштү, — бирок элдин бул агымы менин жанымдан түбөлүккө агып өтүп жаткандай сезилди. Жерге тамырым менен жабышып калгандай жана мени шал кылып салышкандай, бир да кадам таштай албай туруп калдым. Ар бир өспүрүмдүн бетин өтө так көрдүм, бирок өзүм аларга байкалбаган бойдон калгансыдым. Андан кийин мен үн уктум. Ал үн чын эле угулдубу же уккан нерсеге ушунчалык күчтүү таасирлендимби айта албайм, — кандай болбосун, ал катасыз так болчу. Кудайдын үнү менин жүрөгүмдү тешип өттү: «Мен сени жаштарга кайрылышың үчүн чакырдым. Баш тартпа». Жөнөкөй жана түшүнүктүү. Көп да, аз да эмес. Анан мен качуунун мааниси жок экенин билдим. Кокусунан мага Билли Брайттын «руханий адам» жөнүндө айткан сөздөрүн эстедим. Менин жашоомдо Ыйсага кандай орун берилген? Менин эрким Ага багындырылганбы? Мен аны өз жашоомдун тактысына керектүүдөй көтөргөнмүнбү? Ал аңгыча окуучулар танаписке кантип чуркап чыгышкан болсо, кайрадан ошентип мектептин имаратына чуркап киришти. Менин убактылуу шал болгонум өтүп кетти, анан мен семинарияга кайтып келдим. Тарых кабинетине кирип, бардыгынын көз алдында доктор Крисченден кечирим сурадым, андан кийин өзүмдүн китептеримди алдым да, ордума кайтып бардым. Саат 12:30 болчу. Ушул учурдан тартып, мен «азаптар окууга айланды» деген сөздү сүйүп кайталай берчү болдум. ОН СЕГИЗИНЧИ БӨЛҮМ. ЧАКЫРУУ Сиз мени көргүңүз келдиби? — деп сурадым мен семинариянын административдик корпусундагы катчы-кыздан. — Шашылыш билдирүү келди: сиз үйүңүзгө мүмкүн болушунча тезирээк телефон чалышыңыз керек, — деди ал. — Анан дагы бир нерсе — бул жерде сиз үчүн кат бар. Конверттеги чоң кол жазманы дароо эле тааныдым. — Мына эмесе! — деп кыйкырдым мен. — Бул менин атамдын мага жазган каты турбайбы! Жакын жердеги телефон-автоматты таап, эч нерседен кабарым жок абалда үйгө телефон чалдым, мени сабактан чакырып алгыдай, кандай шашылыш нерсе болушу мүмкүн. Трубканы Берта алды: — Джош… — анын үнү үзүлүп калгансыды. — Берта? Силерге эмне болду? — Сенин атаң… — Ага эмне болду? — Ал өлдү! — Эмне-эмне? — Ал кечээ кайтыш болду. — Кантип эле? — деп кайталаганга араң жарадым. Ичимдеги бардык нерсе катып калгандай болду. — Эмне… кантип эле ушундай болду? — деп акыры ичимдегини чыгара алдым. — Ал уйканада иштеп жатканда жыгылып түшүптүр. Уйканада жыгылып түштү. Бир канча жыл мурда эрте менен өлүп жатканын көргөн менин сүйүктүү атым Долли сыяктуубу. — Врач анын боору иштебей калганын айтты, — деп аягына чыгара сүйлөдү Берта. — Сыягы, арак түбүнө жетти окшойт… Мен Бертадан жерге көмүүгө болгон даярдыктар жөнүндө да уктум. — Көмүү аземи бейшемби күнү болот, Дженкинстин көмүү бюросунда, анан бүт үй-бүлөбүз жерге көмүү аземинде акыркы сөздү сен айтышыңды суранды. — Эмне үчүн мен? — мен ойлорумду жыйнаганга аракет кылдым. — Сен — үй-бүлөдөгү жападан-жалгыз ишенген адамсың… балким, ошондуктандыр. — Көз жаш анын сүйлөшүнө тоскоол болуп жатканын сездим. Мына, демек, алар мени ушундай көрүшөт. Мен атамдын али ачыла элек катына карадым, аны колумда кармап турган болчумун, анан акырын трубканы илип койдум. Андан кийин жакынкы агентствого кирдим да, Детройтко чейинки эң эрте авиарейске билет сатып алдым. Андан кийин өз бөлмөмө кайтып келдим, ачык турган терезенин алдында отурдум, ошол абалда таптакыр капкараңгы болуп кеткиче отурдум. Өзүмдү турганга мажбурладым да, сумкамды жыйнап, керебетиме жаттым да, шыпты тиктеп жата бердим. Терезенин сыртында үкүнүн аянычтуу үн чыгарганы угулду. Кимдир-бирөө бир жолу «түштүк Калифорниянын ачык асманы астында» эч качан жамгыр жаабайт деген — бул жерлерде жамгырдын күзүндө же кышында эч качан жаабай турганы айдан-ачык. Мен терезенин артында суук боло түшкөнүн сездим жана көп айлардан бери биринчи жолу жамгыр жыттанды. Бул нерсе мага үйүмдү ушунчалык эстетип жибергендиктен, көзүмдөн жаш агып жатты. Эртеси күнү эрте менен учакта отуруп, атамдын мага жазган катын окудум: Саламатсыңбы, Джош! Сенден кабар алганыма кубанычтамын, — эми менде сенин дарегиң бар. Семинарияда бардык нерсең жөнгө салынгандыр деп үмүт кылам. Сен экөөбүз Кудайдын Өз эрки аткарылышы үчүн кереметтүү жана улуу иштерди жасай турганын билебиз, ошондуктан мен ашыкча суроолорду берип отурбайм. Болгону азыр кылып жаткан нерсеңди мүмкүнчүлүк барында мүмкүн болушунча жакшы аткарганга аракет кыл. Ыйса айткандай, «түн келет, ошондо эч ким эч нерсе кыла албай калат». А бул болсо, Жакан жазган Жакшы Кабардын тогузунчу бөлүмүндө жазылган. Фермада бардык нерсе тынч, жайында. Бир жумадан кийин сатыла элек чочколорду да сатканы жатам. Балким, Гернсини да сатып жиберет чыгармын. Түрмөдөгүлөрдүн алдына чыгып сөз сүйлөш үчүн кайрадан Джексонго чакырышты. Бул жолу мени уккандардан башка бир канча жаңы жигиттер бар болчу. Ошол жаңылардын арасынан бешөөсү Ыйсаны өзүнүн Теңири жана Куткаруучусу катары кабыл алыш үчүн сыйынышты. Алардын бирөөсү, киши өлтүрүүчү (мен муну кийин билдим), — Ыйсанын алдында жүрөгүн ачкан ошол адамга окшоп, менин колумду кармап алып, өкүрүп ыйлады. Минтип ойлосоң — башка адамды соттогудай мен киммин? Теңир ошол коркунучтуу айкаш жыгачта өлүмдү кабыл алганда, Анын эки тарабында тең кылмышкерлер болбоду беле? Шаарда мен да бардык адамдарга Ыйса тууралуу айтып жатам. Үйгө Ыйсанын туулган күнү майрамына келгениңде, мен сени менен бирге Фрэнк Остиндин устаканасына барып, аны менен дагы бир жолу маектешишибизди каалайм. Мен анын жакшы адам экенине ишенемин, бирок ал бардык убакта Теңирден качып жүрөт. Ага Кудайдын ырайымынын кандай экенин бир аз да болсо таттырып койгонумда кана! Ошондо, ал өзү биздин Теңирдин канчалык ырайымдуу экенине көзү жетип калмак! Антпесе, мага көрө албастык кылып, мени байкабагансып, дароо бурулуп кетип жүрөт. Балким, ал сени угаар. Мен деле ошол күнү кафеде сен мага кайрылып, мени сүйө турганыңды айтканыңда укпадым беле. Шаарда маектешсе жаман болбой турган адам бир гана ал эмес. Алар да жаман адамдар эмес, болгону адашып жүрүшөт, же болбосо алардын көзүн чел басып калган деп атап койсо деле болот. Жок дегенде, тиги О’Брайен мырзаны кармап калдым. Сен анын Теңирди өзүнүн Куткаруучусу катарында кабыл алыш үчүн кечээ мени менен бирге сыйынганын көргөнүңдө барбы! А буга чейинки жумада — Чарли жана Энни Катценбергдер. А Донна О’Брайендин жүрөгү болсо өжөр экен. Анан да, албетте, Джефф Бергер менен олуттуу талкуу жүргүзүш керек, — ошол банкир адам бар эле го. Албетте, сага бул адамдын кедей эмес экени белгилүү. Балким, ал мага Кудай керек эмес деп ойлойт окшойт. Бирок жандын куткарылуусун эч кандай акчага сатып ала албайсың да! Бул үчүн эч кандай алтын менен күмүш жетпейт. Макул, болуптур. Кеч болуп кетти, ушунча жазганымдын айынан колум да ооруп кетти. Ыраазычылык Күнүндө биз менен болбогонуң өкүнүчтүү. Биз сени сагынабыз. Бирок Ыйсанын туулган күнүнө сөзсүз келгин. Экөөбүздү муз астынан балык кармоо күтүп жатат, эсиңдеби? Сени кыса-кыса кучактап. Атаң. * * * Эки күндөн кийин эскерүү кечесине келгендердин баарына атамдын катын окуп бердим, алар болсо ашык эле болбосо, элүү-алтымыштай адам болчу. Жан дүйнөмдүн тереңинде атам өзү да ушуну каалай турганын сезип турдум. Атам өзүнүн катында эскерткендердин көпчүлүгү жерге берүү аземине катышып жаткан болчу, атам катында айтып кеткендей эле, алардын уккандарына кылган реакциясы ар түрдүүчө болду. Мен аны алардын ачуусун келтириш үчүн, же тынчын алыш үчүн окуган жокмун, ал сөздөр атамдын акыркы керээзи болгон деген мааниде алар менен бөлүшкүм келди. Андан кийин мен элчи Пабылдын Филемонго жазган катын окудум. Бул идея пастор Логандыкы болчу, ал атамды Филемондун мурдагы кулу болгон Онесимге салыштырууну сунуш кылган болчу. Онесим машайакчы болуп, Пабылга иштеринде жардам берип, ишенимдүү кызмат кыла баштаганда, Пабыл Филемондон Онесимге, өз кулуна, эркиндик берүүнү суранат. «Онесимдин убактылуу кетип калышы, мүмкүн, — деп үн чыгарып Филемонго жазылган каттан окуп бердим, — мындан ары сен аны кул катары эмес, кулдан жогору сүйүктүү бир тууган катары түбөлүккө кабыл алышың үчүн болгондур. Ал мен үчүн кымбат, ал эми сен үчүн адам катары да, Теңир жолундагы бир тууган катары да андан бетер кымбат. Эгерде сен менин досум болсоң, анда аны мени кабыл алгандай кабыл ал. Эгерде ал сага зыян келтирген болсо же сага карыздар болсо, менин мойнумда болсун…» (1:15–19 ду караңыз.) Мен үй-бүлөмдү жана досторумду карадым: — Бул менин мойнумда болсун, — деп айткан элчи Пабыл, — деп сөзүмдү уланттым, — сага карыздар болсо, бардыгы менин мойнумда болсун. Достор, Ыйса дагы дал ушул нерсени сунуш кылып жатат, биздин ар бирибизге, эч кимибизди бөлбөстөн. Ал биздин күнөөлөрүбүздү Өз мойнуна ала турганын айтат. Ал менин атама да дал ушуну сунуш кылган. Анан атам бул сунушту кабыл алган. Ал өзү эч качан кыла албаган нерсени Ыйса ал үчүн кылып беришине жол берген. Сизчи, Бергер мырза? Ыйсанын сиздин күнөөлөрүңүздүн кунун төлөп коюшуна жол бересизби? Бүткүл дүйнө жүзүндө адамзаттын жанын күнөөдөн сатып алуу үчүн жетишерлик акча табылбайт. О’Брайен айым? Остин айым? Атамдын өз катында эмне деп айтканын уктуңуздар. Ал мунун баарын силерди уятка калтырыш үчүн жазбаганын эң сонун билесиңер. Ал бул катты сиздерди сүйгөн үчүн жазган. Мен сиздерге атамдын сөзү менен кайрыламын, анын силердин жаныңар үчүн төккөн көз жашы менен кайрыламын. Азыр бул залда атам эскертпеген башка адамдар да чогулган. Өзүңөрдөн сурап көргүлө: Ыйсанын силерди күнөөдөн жана өлүмдөн сатып алышына жол бердиңерби? Ансыз биз да Онесим сыяктуу эле чектелген адамдарданбыз. Бирок биз Машайак аркылуу эркиндикке чыкканыбызда гана чыныгы жашоо башталат. Атамды жерге бердик, анын өз каалоосу боюнча, Риверсайд көрүстөнүнө, апамдын жанына. Дагы бир канча күндү фермада өткөрдүм, үй-бүлөлүк кагаздарды карап чыгып, Шерли жана Джун менен биргеликте юридикалык формалдуулуктарды жөнгө салдым (Жерге берүү аземине катышыш үчүн Мак Африкадан дароо эле жетип келе алган жок). Бардык формалдуулуктар жөнгө салынып бүткөндөн кийин, Ыраазычылык Күнүнө бир канча гана күн калган болчу. Мен дагы бир аз убакыт Мичиганда калып, досторумдан жана жакындарымдан кабар алууну чечтим. Ушул убакта мага Остин мырза да келди. Ал бир канча күн уктабагандай сезилди. Кыска сүйлөшүүдөн кийин, ал мага өзү да Уилмот ээ болгон нерсеге ээ болгусу келээрин айтты. Биз кайсы-бир убакта атам өз жашоосун Ыйса Машайакка берген бөлмөдө сыйындык. Кийинки күнү мен кайрадан Лос-Анджелеске учуп кеттим, ал жерде мени семинариядагы сабактар күтүп жаткан болчу. ОН ТОГУЗУНЧУ БӨЛҮМ. ОКЕАНДЫН КӨГҮЛТҮР АСМАНЫ Семинарияга кайтып келип, бүт күчүмдү окууга жумшадым. Мен көп нерсенин эсесин чыгарышым керек болчу. Бир гана нерсе менин көңүлүмдү алаксытып жатты — мен эч тынымсыз апамдын тагдыры жөнүндө ойлоно бердим. Балким, менин сезимдеримди жакында атамдын жанындагы анын мүрзөсүндө турганым курчутуп жибергендир. Ал бул жарык дүйнөдө болбогонуна дээрлик беш жылдын жүзү болуп калды, бирок мен мурдагыдай эле, анын түбөлүктүүлүктөгү орду кайсы жерге туш болгонун ишенимдүүлүк менен айта алчу эмесмин. Жакынкы күндөрдө эле мен атамды кайсы-бир мезгилде асманда жолугушабыз деген кубанычтуу алдын-ала сезүү менен көмдүм. Бирок менин апамчы? Эгерде ал бейиште болбосо, бейиш мен үчүн ошончолук бактылуу жай болуп бере алабы? Мен өлүмдөн кийин жашоо бар экенин билчүмүн, — менин ишенимим ошого негизделген. Менин апам куткарылганбы? Анын аты Козунун Өмүр Китебине жазылганбы? Менин билишимче, ал өзүнүн куткарылуусу үчүн Машайакка таянуу чечимин кабыл алган эмес болчу. Бирок баары бир мени чын-чынында, жан дили менен сүйгөн жападан-жалгыз адам ал болчу. Көп нерсесинде ал машайактык жашоо менен жашачу. Бирок бул анын эсебине жазылабы? Элчи Пабылдын Эфестеги жыйынга жазган каты мага жооп берди: Биз иштерибиз менен эмес, ишенимибиз аркылуу куткарылганбыз. (Эф. 2: 8,9 ду караңыз.) Бирок бул мага туура эместей сезилди. Бирок бул жашоодо эмне туура болду эле жана качан туура болду эле? Насаатчы китебинин автору ой жүгүрткөндөй, жарышта жеңип чыгуу күлүктөргө эле, жеңишке жетүү эр жүрөктөргө эле эмес экен… бардыгынын өз убагы, өз учуру бар экен» (9: 11). Ооба, кыштын суук жамгыры менин маанайыма абдан төп келип турду. Ыйсанын Туулган күнүнөн кийинки каникул башталганда, кампус ээн калгандай сезилди. Менден башкалардын баары тарап кетишти. Өзүмдүн жетим экенимди, өзүмдү өзүм билип, өтүгүмдү төргө иле турганымды жана өз үйүмдөн өтө алыста экенимди түшүнүү мени абдан жабырлатып жиберди. Мен оюмду бир жерге топтоп, өзүмдү колго алышым керек болду, айлана-тегерегимдин баары жайбаракат жана тынч болгон бул мүмкүнчүлүктү жаңы жылдык майрамдан кийин дароо башталчу сессияга даярданыш үчүн колдонушум керек болчу. Бирок эс алгандын ордуна кээде уйку адамга оор түштөрдү алып келгендей эле, апама тиешелүү болгон коркунучтар менен шектенүүлөрдү жеңип чыга албай жаттым. Бир жолу эрте менен ээн калган кампустан өтүп бара жатып, мен минтип сыйындым: «Кудайым, Сенин бул сөздөргө кантип жооп беришиң жөнүндө менде такыр түшүнүгүм жок, бирок баары бир Сага кайрылышым керек. Сенден суранам, мага билдирип койчу, менин апам ишенген адам болчу беле же жокпу. Менин жүрөгүм абдан азап тартты жана мен тынчтыкка суусап жатам». Кайдан соккону белгисиз болгон шамалга жетеленип, батышка карай отуз километрдей аралыкта жайгашкан пляжга бардым, унаамды токтоттум да, океандын дээрлик жарым километрине чейин барган бетон пирс менен шашпай басып бара жаттым. Өпкөмө океандын абасынан кере-кере жуттум, анын тузу ачуураак даамын сезе. Кулагыма толкундардын пирске урулганы жана башымдын бийик жагында айланып жүргөн ак чардактардын үнү гана угулуп жатты. Алыстан толкундар менен зымырап жүргөн серфингисттердин тобун байкадым. Балким, бир күн келип мен дагы ушундай нерсени татып көргүм келет чыгар. Мен алдыга дагы бир аз бастым, жалгыз отурган балыкчынын жанынан өттүм, анан пирстин учуна жакындаганда шезлонгду (жарым-жартылай жатып эс ала турган жеңил кресло — Котор. эскер.) байкадым, анда болсо күндөн сактоочу көз айнек тагынган жана чети салбырап турган эски шляпа кийген улгайган аял отурган экен. Анын кайырмагы металл тосмого барып урунду, анан аял уйкудан ойгонгонсуп, тыгыз көк пальтосуна үшүп оронуп алды. — Балык уулоо кандай болуп жатат? — деп мен андан сурадым. — Мол эмес… бирок бирдемелер бар, — деп жооп берди ал, өзүнүн жанында турган челектин капкагын ачып. — Бир жуп горбыль менен ставрид бар. Жооп иретинде башымды ийкеп койдум да, мен «Рубкага» жөнөдүм, ал сегиз бурчтуу формада курулган экен, ал жерде балыкчылардын шаймандарын сата турган дүкөн, ошондой эле күнүмдүк закуска кылып ала турган жер бар болчу, жергиликтүү жаштар бул жерге баш бакканды жакшы көрчү. «Рубканын» шамал тыткылаган тамынын кайсы-бир жери ийрейип да калган экен, бирок кандай көрүнгөнүнө карабастан, бул жер менин маанайыма абдан төп келип турду. Пирстин эң акырына чейин барып, тосмого чыканактап турдум да, ылдыйдагы жашыл-боз түстөгү сууну карадым. Мен биринин артынан бири токтобой тоголонуп келип жаткан толкундарды карадым, анан кокусунан эле жан дүйнөм ордуна келгенин сездим. Күтүүсүздөн аялдын үнүн уктум: — Сиздин ордуңузда болгонумда, мен мындай кылмак эмесмин. Артыма бурулуп, шезлонгдо отурган улгайган аялдын мага тигиле карап турганын көрдүм. — Сиз сууга секиргени жаткан жоксузбу? — Эмне деп жатасыз? Жөн гана ойлонуп кетиптирмин. — Эмнегедир сиз көп ойлонот окшойсуз. Андан көрө бул жакка келиңиз, мага шерик болуңуз. Сэндвич жегиңиз келеби? Менде бирөө калган болуш керек эле… Анан ал өзүнүн сумкасын издей баштады. — Рахмат, тынчсызданбай эле коюңуз, — дедим мен, ага жакыныраак келип. — А кофе ичесизби? — Жок, менде баары жайында, тынчсызданбаңыз. — Анда чайчы? — деп жылмайды ал, чайдын пакетин алып чыгып жатып. — Макул, жакшы болот, эгерде бул сизге кыйынчылык жаратпаса. Чайдан баш тартпайм. Анын бетине жылмаюу жайылып кетти, анан ал өзүнүн караңгы көз айнегин алып койду: — Таптакыр кыйынчылык жаратпайт, жигит. Чын дилим менен. Фокусник сыяктуу ал өзүнүн сумкасынан ысык суу куюлган термос жана бир канча канттын пакетин алып чыкты. — Пластик стакандарымды кайсы жерге койдум экен? — анан ал шезлонгунун жанында турган башка сумканы издей баштады. Кайсы-бир убакытка менин көңүлүмдү серфингисттер өзүнө буруп алды. Толкундан сактоочу жердин арасында эң эле сонун маневр жасоо менен, алар өлүмдүн өзүнө чакырык таштап жаткандай сезилди. — Сиз бул жерлик эмес окшойсуз, сыягы? — анын суроосу кайрадан менин көңүлүмдү бурду. — Жок, айым. Мен бул аймактан эмесмин. — А кайсыл жактан болосуз? — Мичигандан. — Мичиган… жаман жер эмес. Мына, алыңыз, — анан ал мага буусу чыгып турган стаканды берди. — Караңыз, абайлаңыз — ысык. А эмне үчүн Ыйсанын Туулган күнүндө үйүңүзгө барган жоксуз? Мен башымды чайкадым: — Чындыгында, мен азыр эле үйүмдөн кайтып келдим. Мен ушул жерде, Ла-Мирадада окуйм. — Чын элеби? Анда, сиз Талбот семинариясында окуйт болсоңуз керек. — Туура айтасыз, мен семинарияда окуйм. Сиз ал тууралуу билесизби? — Албетте, уулум, ал тууралуу ким билбейт? Мен машайакчымын да. Сиз өзүңүзгө керектүү окуу жайын тандагансыз. — Бирок таптакыр көнө албай жатам, — дедим мен, анын мага тигиле карап турганын сезе. — Сиз мени такып сурай бергеним үчүн кечирип коюңуз… бирок баары бир — сиз эмне үчүн Ыйсанын Туулган күнүндө үйүңүзгө барган жоксуз? Акчага байланыштуу кыйынчылыктан уламбы? Мен күлдүм: — Азыркы учурда — азыр гана жолдон келгенимди эске алганда, ооба. А чынында болсо, жок… — Ал менден кененирээк түшүндүрмөнү күтүп жатканын көрдүм. — Менин атам жакында эле өлдү. — Көңүл айтуумду кабыл алыңыз. — Ал Теңирди тааныгандан кийин көз жумду. Мен бул үчүн Кудайга ыраазымын. — Оомийин, — деди ал. — А сиздин апаңызчы? — Апам беш жыл мурда кайтыш болгон. — А ким калды? Агаларыңыз? Эжелериңиз? — Ооба, бирок биз анча жакын эмеспиз. Биздин үй-бүлө бактылуу болчу деп айтканга болбойт. — Ооба, ушундай да болот, — ал башын чайкады. Ушул учурда анын кайырмагы катуу ийилип кетти. Кайсы-бир мүнөткө чейин, ал балык менен күрөшкөнгө аракет кылды, бирок андан кийин кайырмагын менин колума берип: — Сиз тартыңызчы! — деп кыйкырды. — Бир мүнөт! — деп жооп иретинде күлдүм. — Эгерде тартып чыгара алсаңыз — өзүңүзгө ала бериңиз. Бул балыкты кайсы жерде сактап, кантип бышырыш жөнүндө түшүнүгүм да болбостон, мен жөн гана жылмайып койдум. Колго түшкөн балык өжөрлүк менен каршылык көрсөттү, бирок мен аны баары бир суудан тартып чыгардым. — Эң жакшы жумуш! — Аял кубанганынан менин жонума чаап да жиберди. — Бул сибас, абдан даамдуу балык, уулум! Эми болсо, мага жардам берип, кайырмакка жемди илишип коюңузчу. Мен ага жардам бергениме кубандым. Ал балыкты челекке салды, анан кайсы-бир убакытка чейин балык ошол жерде чабалактап жатты. Аял мага жемди — кичинекей анчоусту берди, мен аны илгичке илдим. — Мичиганда менин бир тууганымдын кызы жашачу, — деди ал, — кайсы-бир кичинекей шаарында. — Ооба, биз жакта кичинекей шаарлар толтура. — Анын аталышы кандай эле? Ал ошол жакка көчүп кеткенине көп жыл болду… Юнион-сити! Анын аталышы мына ушундай болчу. Мен ага тигилип калдым: — Сиз кандай айттыңыз? — деп кайрадан сурадым. — Юнион-сити. Менин тууганым Юнион-ситиде жашачу. Ушундай шаар тууралуу уккан белеңиз? — Мен ошол жерде туулгам. — Караңызчы! Кимдин оюна келиптир дейсиз! — Сиздин тууганыңыздын аты ким эле? — Эдит Джослин. Ал Уилмот Макдауэлл аттуу адамга турмушка чыккан болчу. — Ой! — мен бармагымды илмекке сайып алдым. — Алар менин ата-энем да! — Кантип эле? — Анын бети жаркырап кетти. — А сен болсо, Джош болсоң керек! Ал ордунан ыргып турду да, мени далымдан кармап, көзүмө тике карады. Мен анын көздөрүнөн бозгуч-көгүлтүр темгилдерди көрдүм, менин апамдыкы да так ушундай түстө болчу, — биздин тегерегибиздеги океан сыяктуу. — Биз сен экөөбүз эч качан жолуккан эмеспиз, бирок сенин апаң мага сен жөнүндө айтып берген. Мен — Эммамын, сенин апаңдын эки агайын эжесимин! Мени жөн гана Эмма эже деп атап койсоң болот. Оозумдан сөзүм түшүп калды. — Мына карачы! Мен акыркы жолу сенин апаңды болжол менен 1952-жылы көргөнмүн. Бирок мен мурдагыдай эле, бир да сөз айта алган жокмун — тилим кургап калгандай сезилди. — Мен — Эмма эжеңмин, уулум. — Эмма эже, — деп кайталаганга араң жарадым. — Мен сенин апаң менен бирге Айдаходо чоңойгонмун. — Айдахо… — Ушул илмекти таштачы! Азыр үйгө барып, түшкү тамакты жейбиз. Менин үйүмө Ыйсанын Туулган күнүнө эки уулум тең келген, мен алардын сени менен таанышышын абдан каалайм. Андан көрө менин жыйынып алышыма жардам берчи. Бирок мен мурдагыдай эле таң калуумдан улам өзүмө келе албай жаттым. Акыры, дароо болбосо да, сүйлөө жөндөмүм өзүмө кайтып келди: — Эмма эже, мен сизден бир суроону сурап алышым керек. Анын жообун сиз гана билишиңиз мүмкүн. — Сурай бер, уулум. — Сиз билесизби… кокусунан… менин апам өзүнүн жашоосун Машайакка Теңир жана Куткаруучу катары ишенип тапшырган беле? Эмма өзүнүн сумкасын жерге койду. Сыягы, менин көздөрүмдө ушунчалык кайгы жана чыдамсыздык көрүнүп турган болсо керек эле, ошондуктан мен анын көз карашындагы жооп иретиндеги кошо кайгырууну байкабай калган болсом керек. Ал бере турган жооптун мен үчүн канчалык маанилүү экенин түшүндү да, колумду өзүнүн колуна алып: — Жаңыртуу кызматынын насаатчылары чатырлары менен биздин шаарыбызга келгенде, сенин апаң экөөбүз али өспүрүм болчу элек, — деп жумшак жооп берди ал. — Ар бир күнү кечинде биз чогулуштарга барчубуз. Биз үчүн ошол күндөрдө бул нерсе чыныгы окуя болчу. Ал жерде ушунчалык кызыктуу болчу! ... — Ал менин алакандарымды кыса кармады. — А төртүнчү күнү болсо… ооба, эсимде, бул төртүнчү күнү болчу, биз ал экөөбүз акыркы чечимди чыгарганбыз. Кол кармаштык да, Машайакты кабыл алганы бардык! — Чын элеби? — Ооба, баары так ушундай болгон. — Теңирге даңк! — деп кыйкырып жибердим да, Эмма эжени кучактап, анын эки бетинен өптүм. — Эмма эже, сиз — сыйынууларымдын ичинен эң мүмкүн эмесине болгон жооп болдуңуз! Биз абдан ызы-чуу көтөрүп жибердик окшойт, бизден анча алыс эмес жерде отурган балыкчылар деле бизге карай башташты. — Теңирге даңк! — деп кайрадан кыйкырдым. — Бардык баталар агып чыккан Кудайга даңк! Тосмого чуркап келдим да, серфингисттер тарапка үнүмдүн жетишинче кыйкырдым: — Рахмат Сага, Ыйса! Мен Эмма эжеме болгону бир жарым сааттай мурда Кудайга менин апам ишенген адам болгон бекенин, мен аны менен асманда жолуга алаар бекенимди ачып беришин сурап сыйынганымды айтып бердим. Мына ушинтип, мен ушул жерде, түштүк Калифорнияда болушум керек экен, айланадагы бир да тирүү жанды — андан бетер менин апамды тааныбаган эч ким болбогон жерде! Мен бул сыйынууга жооп алам деп күткөн деле эмес болчумун, — мына минтип болгону токсон мүнөт өттү, анан Кудай мага менин атам менен апам жерде гана бири-бири менен катарлаш жатпастан, Асман Шаарына кирип, эми ал жерде сан жеткис жандар менен бирге Козунун тактысынын алдында табынып жатышканын ачып берди. Менин азап-кайгым өтүп кетти, эми мындан ары көз жаш төгүүнүн кереги жок. Эмма эже экөөбүз унаа коюлчу жайга жөнөдүк, мен ал жерде анын буюмдарын унаасына салышына жардам бердим. Андан кийин анын үйүнө чейин артынан ээрчип айдап келдим, анын уулдары менен тааныштым, анан баарыбыз түшкү тамакты эң сонун жедик. Акыры менде Ыйсанын Туулган күнүн бирге өткөрө турган үй-бүлөм бар болду! Биз коштошконубузда, мен жээкти көздөй кеткен эң кооз жолду тандап алууну чечтим. Болгону бардык убакта океандын жанында болгум келди. Ал Кудайдын чексиз ырайымын эскертип, көз карашың жете тургандай узактыкка созулуп жатты. Кайсы-бир мезгилде менин жашоом өзү менен кошо бактысыздыктар менен ийгиликсиздиктердин тынымсыз кезегин алып жүрчү, бир кыйратуучу көңүл калуудан али айыга элек кезимде, жашоодон кийинки соккуну алган болчумун. Бирок эми таң калыштуу, жөн эле сөз менен айтып жеткире алгыс жан дүйнөлүк тынчтыкка ээ болдум. Бардык акылдан жогору турган Кудайдын тынчтыгы! (Фил. 4:7 ни караңыз) Мен келечектин мен үчүн даярдап койгон бардык нерсеси менен жолугушууга даяр элем. ЭПИЛОГ Менин юрист болуу кыялым орундалган жок. Анын ордуна, элүү жылдан ашуун мурда Билл Брайт негиздеген «Кампус Крусейд» кыймылына кошулган кызматымды ишке ашырып келе жатам. Бир жыл ичинде бир миңдеген мил аралыкты басып өтүп (кээде мен убакытты үнөмдөшүм үчүн Кудай мага эмнеге канат берип койбойт экен деп да ойлоп кетем), миңдеген жаштарга кайрылып жатып, Кудай менин жашоомдо аткарган өтүп кеткис ырайымда боломун. Менин «кесибим» эч качан керексиз болуп калбайт, андан бетер Машайактын Жакшы Кабарын таратуу милдетин эскичилик же аргасыздан кылып жаткан милдет катары эсептөө оюмда да жок. Менин каалоом — муну Кудай мага уруксат бергенчелик узак убакытка аткаруу. Ал мага мурдагы чектөөлөрдү артта калтырып, жашаганга күч менен кайраттуулукту берди. Мен үчүн ар бир күн — майрам. Ар бир жолу микрофонго жакындап келгенимде, биздин Кудайдын канчалык ырайымдуу экендигин эстеймин. Машайак жөнүндө айтуунун ошончо мүмкүнчүлүгүнө кантип ээ болдум? Кудайдын таза жана жөнөкөй ырайымы аркылуу. Бүгүнкү күнгө чейин түшүнө албаган себептерди, Кудай мен туш болгон нерсенин — сексуалдык зордук-зомбулуктун балалык жараатын, ичкиликтин жана каардын айынан талкаланган үй-бүлөнүн, кекечтиктин айынан пайда болгон жеткилең эместик сезимин жеңип чыгууга болгон азаптуу аракеттеримдин баарын Өзүнө алып, — таптакыр жаңы, жогорудан Кудайдын Рухунан төрөлгөн, өзүнүн өтмүшүнө жайбаракат караган Джош Макдауэллди жаратты. Менин алсыздыктарым — Анын күчүнүн эң сонун үлгүсү. Мен — элчи Пабылдын Корунттуктарга жазган Биринчи Катынын тирүү далилимин (1: 27, 28): «…акылдууларды уятка калтырыш үчүн, Кудай бул дүйнөнүн акылсыздарын тандап алды. Күчтүүлөрдү уятка калтырыш үчүн, Кудай бул дүйнөнүн алсыздарын тандап алды. Бул дүйнөнүн барктууларынын баркын түшүрүү үчүн, Кудай бул дүйнөнүн тексиздерин, басынтылгандарын жана барксыздарын тандап алды…» Элчинин бул сөздөрү мага жүз пайыз тиешелүү! Анын күчүнө таянып, мен алдыга карай баатырдык менен кадам таштайм, бүткүл дүйнөдөгү студенттер шаарчасындагы жаштарга Жакшы кабарды тике жана ачык бөлүшүп келе жатам. Бул кимдир-бирөөгө акмактыктай көрүнсө көрүнө берсин, бирок так ушул нерсе менин чакыруум, ал мага жандык күчтү берет жана энергия менен толтурат. «Себеби мен Жакшы Кабар таратуудан уялбаймын. Анткени Жакшы Кабар — бардык ишенгендерди… куткара турган Кудайдын күчү» (Рим. 1:16). Эми сен акылдуусуңбу же жокпу, радикалдуу көз карашты карманасыңбы же орточо көз караштыбы, кедейсиңби же бай үй-бүлөдөнсүңбү маанилүү эмес, — Жакшы Кабар ар бир адамдын жашоосун өзгөртө алат. Кудай менин жашоомду өзгөрттү, эгерде Ага уруксат берсеңиз, Ал сиздин жашооңузду да өзгөртөт. Ыйса Машайакты өз жашооңуздун Теңири катары кабыл алууга тоскоол болуп жаткан жашоо-тиричиликтеги шарттарга жеңдирбеңиз. Ал сизди абдан сүйөт жана сиз менен баарлашкысы келет. Ыйса мындай дейт: «Мына, Мен бардыгын жаңы жаратып жатам… суусаганга тирүү суунун башатынан сууну бекер берем» (Аян. 21: 5, 6). Ал сиздин жүрөгүңүздүн эшигинин алдында туруп, тыкылдатып жатат. Сиз ага өз жүрөгүңүздүн эшигин ачып бересизби, Анын колуна ар бир чек араңызды, өз жашооңуздун ар бир аспектин бересизби? Аны Теңир жана Куткаруучу катары кабыл алганга макулсузбу? Эгерде макул болсоңуз, муну азыр эле ишке ашырсаңыз болот, мындай чын жүрөктөн чыккан жөнөкөй сыйынуу менен сыйыныңыз: Ыйса Теңир, мен Сага муктажмын. Мен өзүмдүн күнөөкөр экенимди билемин. Мен менин күнөөлөрүм үчүн айкаш жыгачта өлгөнүң үчүн Сага ыраазымын. Мен күнөөлөрүм үчүн тобо кыламын. Мени кечир жана мени тазала. Мен жалгыз Сен гана — жол, чындык жана өмүр экениңе ишенемин. Мен өзүмдүн жашоомду азыр ушул тапта Сага Куткаруучу жана Теңир катары ишенип тапшырамын. Менин жашоомо кир жана мени өзгөрт. Мен сага ишене алганым үчүн Сага ыраазычылык билдиремин. Машайактын аты менен сыйынамын, оомийин. Эгерде Ыйсаны Куткаруучу жана Теңир деп кабыл алган болсоңуз, анда билип коюңуз — Ал сиздин мындан ары өсүшүңүздү каалайт. Муну мен да каалаймын, Машайактын сиздин жашооңузду толугу менен, эч калдыксыз өзгөрткөнүн көрүшүңүзгө жардам бергим келет. Биздин http://www.josh.org/undaunted деген интернет барагыбызга кириңиз, ал жерде мен сиздин ээ болгон ишенимиңизде өсүшүңүзгө жардам бере турган жана жашооңуздун эң сонун жаңы багытында бекем карманганга колдоо көрсөтө турган көптөгөн нерселерим менен бөлүшө кетем. Кудай сиздерге азыр жана түбөлүктөн-түбөлүккө батасын берсин. ЭСКЕРТҮҮЛӨР 1. Will You Still Love Me Tomorrow? / Джерри Гоффин жана Кэрол Кинг, бул ыр биринчи жолу «Ширелль» группасы тарабынан 1960-жылы ырдалып чыккан. 2. Улуу депрессия (англ. Great Depression) — 1929-жылы башталып, 1939-жылга чейин созулган дүйнөлүк экономикалык кризис. Улуу депрессия АКШ, Канада, Улуу Британия, Германия жана Франция сыяктуу өлкөлөрдө өтө катуу болгон, бирок башка өлкөлөрдө да сезилип турган. Эң көп даражада өнөр жай шаарлары жабыр тарткан, бир канча өлкөлөрдө курулуш токтоп калган. Төлөө жөндөмдүүлүгүнүн азайышынын айынан айыл чарба продукциясына болгон керектөөнүн баасы 40–60% га төмөндөгөн. Орус тилинде «Улуу депрессия» деген термин көбүнчө АКШ дагы экономикалык кризиске байланыштуу гана колдонулат. — Ред. эскер. 3. Фейт, Хоуп, Чарити (англ. Faith, Hope, Charity) — Ишеним, Үмүт жана Сүйүү — Ред. эскер. 4. Пандемоний (мифология) — грек мифологиясындагы каардуу рухтар чогулган жай. — Ред. эскер. 5. 2 Кор. 5:17 ни караңыз. 6. Соттук Инндер — бул төрт имараттын комплекси: Грейс-Инн, Линкольнс—Инн, Миддл-Темпл жана Иннер-Темпл, анда англиялык адвокаттар жашашкан, окушкан жана иштешкен. Адвокаттардын бирикмеси Лондондо XIII кылымда пайда болгон, ага ар бир юрист кошулганга милдеттүү болчу — ушундай жол аркылуу шаарда бүтүндөй соттук кварталдар пайда болгон. — Ред. эскер. 7. Оксбридж — бул топтолгон түшүнүк, Улуу Британияда дүйнөнүн эң престиждүү — Кембридж жана Оксфорд университтерин түшүндүрүш үчүн көп колдонулат. — Ред. эскер. 8. Клайв Льюис, «Жөн гана машайакчылык». 9. Фрэнк Морисон, «Ташты ким жылдырган» / Frank Morison, Who Moved the Stone? (Grand Rapids, MI: Zondervan, 1987) 193. 10. «Ыйык Пабылдын маектешүүлөрү жана элчилиги». Хана Мор/ An Essay on the Character and Practical Writings of Saint Paul, Volume 2 (London: T. Cadell and W. Davies, 1815) 286–287 ден цитата келтирилди. 11. Джон Филипс / John Philips, Exploring 1 Corinthians: An Expository Commentary (Grand Rapids, MI: Kregel, 2002), 343 төн цитата келтирилди. 12. Саймон Гринлиф/ Simon Greenleaf, «An Examination of the Testimony of the Four Evangelists by the Rules of Evidence Administered in the Courts of Justice» (Grand Rapids, MI: Baker, 1965), 29 дан цитата келтирилди. 13. http://www.jfklibrary.org/JFK/Life-of-John-F-Kennedy.aspx?p=4 караңыз. 14. Campus Crusade for Christ (англ) — «Кампус Крусейд» же болбосо «Студенттердин Машайак үчүн кыймылы», 1951-жылы Билл Брайт тарабынан негизделген. — Котор. эскер. 15. Чемоданын — котор. эскер. 16. Хавасупай, хавасупайлар, өз аталышы хавасубайлар (Havasu’ Baaja — «бирюза түстүү суунун элдери») — Аризона штатынын түндүк-батыш бөлүгүндө 800 жылдан ашуун жашаган индейц уруусу. Башка индейц уруулары сыяктуу эле, АКШ нын территориясына көчүп келген америкалык жайгашуучуларды отурукташтыруу мезгилинде хавасупайлар да резервация кылынган. 1975-жылы АКШ өкмөтү урууга 750 км2 жерди кайтарып берген. — Ред. эскер.