Азыр силер колуңарда кармап турган китеп, сиздерге сыйынуунун улуу күчү тууралуу айтып берет. Эгерде силердин никеңер оор учурларды баштан өткөрүп жаткан болсо, мүмкүн бул жерден үй-бүлөңөрдө түзүлгөн кырдаалга карата жаңыча караганга жардам бере турган жана силердин көйгөйүңөрдүн туура чечилишин айтып бере ала турган кеңештерди таап калаттырсыңар. Силер аялдын эмнеге белгиленип жаралгандыгынын чындыгын билесиңер. Өз күйөөңөрдү жакшы түшүнүүгө үйрөнөсүңөр. Сторми Омартиан өз жашоосунан мисалдарды келтирүү менен, силердин сыйынууңар канчалык натыйжалуу боло алаарын көргөзүп берет. Анткени, көбүнчө сыйынуу гана баарын оңдой алат.
СЫЙЫНУУЧУ ЗАЙЫПТЫН КҮЧҮ
Сыйынуунун күчү
Эң башында айтып эскертип кое турган нерсе, сен өзүңдү жалган үмүттөрдүн азгырыгына жетелетип албагын, Сыйынуучу колуктунун күчүн күйөөнүн үстүнөн контролду орнотуп алуучу каражат катары карабашың керек! Чынында, баары тескерисинче. Сыйынуунун күчү — өзүңөн жана өз күчүңө, мүмкүнчүлүктөрүңө карата ар кандай таянуулардан баш тартып, сени, күйөөңдү, силердин бүт жашооңорду, анан албетте жубайлык мамилеңерди да кайра түзгөнгө жөндөмдүү болгон, Кудайдын күчүнө ишенүүгө толугу менен даяр туруу дегендик. Бул күч азоо, баш ийбеген жырткычты ооздуктоодогу жүгөн катарында берилбейт. Ал акырындык менен никени кайра жаратуучу каражат катарында берилет. Бул баарын туура кылууга аракеттенген, жөн гана туура болуп калбай, алганга караганда бергенге даяр турган аялдын сыйынуусу аркылуу гана болот. Ушундай жол менен гана күйөөңдүн жашоосуна, акырында сага да бата бериш үчүн Кудайдын киришин сурансаң болот.
Биз Майкл экөөбүз үйлөнгөндөн кийин ортобузда пикир келишпестиктер пайда болду, мен сыйынуу тууралуу аз ойлончумун. Анын үстүнө сыйынууну акыркы үмүтүм деп гана билчүмүн. Бирок ар кандай ыкмаларды: жаңжалды, талашты, жалбарууну, тултуюуну, анан албетте, абдан белгилүү болгон унчукпай-сүйлөбөй коюу ыкмасын да колдонуп көрдүм. Мындай пайдасы аз ыкмаларды колдонгондон көрө сыйынууда көптү чечсе болорун түшүнүү үчүн убакыт талап кылынды.
Бүгүн сен бул китепти окуп жаткан кезиңде биз Майкл экөөбүздүн чогуу жашап жатканыбызга чейрек кылымдан ашыгыраак убакыт болду. Бул керемет сыяктуу өзгөчө укмуш нерсе, мында биздин эч кандай салымыбыз деле жок — баары сыйынууларга жооп берген Кудайдын ырайымы менен болду. Көптөгөн жылдар өтсө да, дале буга үйрөнүп жатам жана бул оңойго турган жери жок экендигин моюнга алуу керек. Мейли, бүгүн да мурдагыдай эле каталыктарды кетирип жаткандыгыма карабастан, ишенимдүүлүк менен эле сыйынуу таасир этет деп айта алам.
Тилекке каршы, балдарым үчүн сыйынып баштаганга чейин күйөөм үчүн кантип туура сыйынганды билген эмесмин. Качан гана балдарыма сыйынган сыйынууга Кудайдан олуттуу жана терең жоопторду алгандан кийин, күйөөмө да ошондой аракеттенип жана кызуу сыйынууга чечим кабыл алдым. Анткен менен, балдар үчүн сыйынуу бир топ жеңил болоруна көзүм жетти. Анткени, балдардын төрөлгөн алгачкы күнүнөн баштап биз алардын жашоосуна бардык жакшы нерселерди каалоо менен катыша баштайбыз. Бирок күйөө үчүн сыйынуу анчалык жөнөкөй болбойт экен, айрыкча жубайлык жашоонун ачуу даамын татып калгандан кийин. Күйөөң өзүнүн кайдыгерлиги, көңүл бурбагандыгы менен сени кордоп коюшу да мүмкүн, ал орой мамиле кылып, кыжырдантышы да мүмкүн. Ал сенин жүрөгүңдү тепчип кете турган ийнедей болгон сөздөрдү айтышы мүмкүн, анан ар дайым сен сыйына баштаганыңда тепчилген жердин ириңдеген жарасы кантип жан кейите оорутканын сезип турасың. Жүрөгүңдөгү бул «ийнени» сууруп салмайынча, өз жүрөгүңдү Кудайга жага тургандай кылып ача албашың талашсыз.
Күйөө үчүн сыйынуу деген (алар канчалык окшош сезилгени менен) бала үчүн сыйынуудай болбойт, анткени сен күйөөңдүн энеси эмессиң. Бизде балдарыбыздын үстүнөн Теңир берген бийлик бар, бирок күйөөбүздүн үстүнөн андай бийлик берилген эмес. Бирок бизге өз сыйынууларыбыз менен душмандын планын бузуп жана «…душмандын бардык күчүн тебелеп таштагыдай бийлик…» (Лука 10:19) берилген. Жубайлык мамиледеги пайда болгон көптөгөн көйгөйлөр, аны аягына чейин кыйратып жок кылуу үчүн багытталган душмандын планынын бир бөлүгү болуп саналат. Бирок биз мындай деп айта алабыз:
• Мен менин никемди бузууга эч кимге жана эч нерсеге жол бербейм.
• Күйөөмдү чындыктын жолунан кантип адаштырып жатышкандыгын көрүп туруп жөн эле карап тура бербейм.
• Биздин ортобузга көрүнбөгөн дубалдын туруп калы-шына кош көңүлдүк менен карай албайм.
• Биз аракет кылып чогуу куруп жаткан өз ара мамилебизди бири-бирибизден болгон оолактоонун, өз ара түшүнүшпөөнүн, же туура эмес тандоонун даты басып, биздин өз ара түшүнүшүүбүздү талкалап жана жалмап жок кылышына жол бербеймин.
• Бизди ажырашууга түрткөн кечирбестик жана жан-дүйнөнү кыйнаган оорулар менен макулдаша албайм.
Биздин никебизге карата болгон ар кандай жаман нерселерге карата каршы тура алабыз жана аны сактап калууга Кудай бизге өз ысымынын даңкталышы үчүн күч берээрине ишене берсек болот.
Сенде өз никеңдин айланасын коргоочу дубал менен курчап тосуп кое турган каражат бар, анткени Ыйса: «…жер үстүндө эмнени байласаңар, асманда да ошол байлануу болот. Жер үстүндө эмнени чечсеңер, асманда да ошол чечилүү болот» (Мт. 18:18) деп айткан. Сенде жамандыкты токтотуп, жакшылыкка жол ачканга Ыйсанын ысымындагы бийлик бар. Толук баалуу жашоодо жашаш үчүн сенин күйөөңө эмнелер тоскоолдук кылып жаткандыгын: аракечтикпи, көп иштөөбү, жалкоолукпу, депрессиябы, эрктин боштугубу, башкалар менен тил табыша албагандыкпы, дайыма дүрбөлөңгө түшүргөн сезимдерби, коркунучпу же дайыма эле боло берген жол болбостукпу — эмне болсо ошонун баарын сыйынууда Кудайга төкпөй-чачпай айтып берсең жана ушулардын баарынан бошотушун сурап сыйынсаң болот.
Азыр мен мойнума алып айта турган нерсе — бир кезде мен чынында эле күйөөм экөөбүз эки башка жашасакпы, ал тургай, мүмкүн ажырашсакпы деп ойлогом.
Азыр бул чечим мага эч кандай туура келбейт, анткени биринчи чечим да, экинчи чечим да бактысыз никенин көйгөйүн чечүүгө ылайыксыз. Кудай ажырашуу тууралуу эмне дегенин билем; бул жол Кудайга жакпастыгын жана Аны абдан кейитерин да билем, баарынан да түйшөлгөнүм, мен Теңирди кейитип албасам экен дейм. Бирок туура чечим кабыл алууга карата болгон ар кандай жөндөмдүүлүктөрдү өлтүргөн айласыздык да мага жакшы тааныш. Мага адам туура иш кылууга карата болгон ар кандай аракеттерди таштап койгон үмүтсүздүктүн деңгээли да тааныш нерсе. Мага ошондой эле жан дүйнөң жалгыздыктын ушундай бир тереңдигинде турганда, ага ким болсо да кирип карап жана андан сени көрүшүн каалаган абал да белгилүү. Мен «Андан өлүп калбасам экен» деген коркунуч, тирүү калуунун эң бир ылайыктуу, жалгыз гана каражаты катары — мени ошол оорунун булагынан эптеп эле кутулууга мажбурлаган, ушундай бир жан чыдагыстай болгон ооруну башыман өткөрдүм. Үмүтсүздүк айткан нерсени кылуу кандай кадамдарга алып барарын билем, анткени сенде эч кандай келечекке карата үмүт жок. Мени ажырашуудан башка эч нерсе жеңилдете алгыстай болгон каалоо күндөн күнгө күчөгөн тескери эмоциянын басымын башымдан өткөрүүгө туура келген.
Биздин никебиздеги эң бир улуу көйгөй — бул күйөөмдүн ачуусунун чукулдугу эле. Анын каардануусунун жалгыз гана себепчиси мен жана балдарыбыз болгон. Анын сөздөрүнөн менин ичим ушунчалык куушурулуп жана муздап кетер эле. Мен өзүмдү таптакыр күнөөсүз болчумун деп айта албайм — таптакыр тескерисинче. Мен андан кем эмес күнөөлүү экенимди билчүмүн, бирок мунун баарын кантип оңдоону билчү эмесмин. Мен дайыма Кудайдан күйөөм ачуусу чукул болбосун, азыраак кыжырдансын, жумшагыраак жана токтоороок болсун деп суранып сыйынчумун, ошентсе да анын өзгөргөнүн байкабадым. Кантип эле Кудай мени укпай жатат? Менде ал тургай, аялына караганда күйөөсүнө Ал көбүрөөк ырайым кылбайбы деген шектенүүлөр да болуп кетип жатты.
Ушундай жашоо менен өткөн бир нече жылдан кийин мен бир жолу көз жашымды көлдөтүп Теңирге кайрылдым: «Атаке, мен мындан ары минтип жашай албайм. Сен ажырашууга кандай карарыңды билем, бирок мен мындан ары бул адам менен бир үйдө жашай албайм. Мага жардам бер, Теңирим». Мен бир нече сааттар бою керебетте Библияны колума алып отуруп алып, балдарымды алып кетип калсамбы деген күчтүү каалоо менен күрөшүп жаттым. Менин жан-дүйнөмдүн кыйкырыгын уккан Кудай ажырашуудан кийин менин жашоом кандай болорун так жана ачык көргөздү, ажырашкандан кийин менде пайда боло турган көйгөйлөр тууралуу жакшылап ойлонууга мүмкүнчүлүк берди; жашоо үчүн керек болгон нерселерге кантип иштеп табам, балдарымды кантип тарбиялайм, мени менен кайсы досторум калышат, баарынан да эң жаманы ажырашуу уулум менен кызымдын психикасына кандай таасир тийгизери тууралуу көрүнүш эң чектен чыккан коркунучтуу эле. Мүмкүн кетип калсам мага жеңил болуп калаттыр, бирок ал мага кымбат болгон нерселерди жоготуу менен гана бааланышы мүмкүн. Мен Кудай Майкл экөөбүзгө мындай жолду даярдабагандыгын билчүмүн.
Өзүмдүн келечегим тууралуу ойлонгондо Кудай мага ачып берди: эгерде өз ыктыярым менен жашоомду Анын тагына алып келе турган болсом, эгерде күйөөмдөн кетип калам деген ниетимден кайта турган болсом, бардык муктаждыктарымды Ага ишенип бере турган болсом, анда өз жашоомду сыйынууда кантип Майклга арнарым тууралуу Ал мага үйрөтөт. Күйөөм үчүн кантип сыйынуу керектигин Ал мага көрсөтөт, мен сыйынып жаткан кезимде Ал менин никемди калыбына келтирип жана экөөбүзгө тең өз баталарын төгөт. Эгерде мындан экөөбүз тең өз-өз алдыбызча болбой, биргеликте өтө турган болсок, анда бизге жакшы болот. Теңир мага Майклдын башкача болушуна мүмкүнчүлүк бербеген өткөн жашоосундагы желелерге бекем чырмалып турганын көрсөттү. Бирок, эгерде мен макул боло турган болсом, күйөөмдү бошотууда Ал мени курал катары колдонууга ниеттенгендигин билдим. Оор болду, кыйын болду, көп ыйладым, бирок чечим кылгандан кийин менде үмүт оту бүлбүлдөп жанды.
Мен Майкл үчүн күнүгө сыйына баштадым — сыйынганда да, мурда эч качан сыйынып көрбөгөндөй сыйына баштадым. Анткен менен, ар дайым өз жүрөгүмдөгү ооруларды ачыкка чыгарып тобо кылууга туура келер эле. Мендеги таарынычтар менен оорулар канчалык терең экендигин көрдүм. Мен ал үчүн сыйынгым келбейт. Мен Кудайдан аны баталашын сурай албайм. Мен Кудай анын жүрөгүнө чагылгандай болуп тийип жана катуулугун ашкерелешин каалайм, — деп ойлодум. Мен: «Теңир, мен күйөөмдү кечире албай жаткандыгымды мойнума алам. Мени кайрымдуу болууга үйрөт» деп кайталай бердим.
Бир аздан болсо да экөөбүздө тең өзгөрүүлөрдү сезе баштадым. Майкл ачууга алдырган кезде мен адатымча кыжырданбастан, ал үчүн сыйына баштадым. Кудайдан анын кыжырдануусунун себебин көргөзүүсүн суранып сыйындым. Анан Ал көргөзүп берди. Абалды өзгөртүү үчүн эмне кылышым керек деп сурадым. Ал мага үйрөттү. Дүрт эте түшкөн каардануулар сейректеп жана кыскара баштады. Күн сайын болгон сыйынууга ылайык, кандайдыр бир жакшы нерселер боло баштады. Бүгүнкү күндө деле биз жеткилеңдиктен бир топ алыспыз, бирок ошого карабастан, узак жолдорду басып өттүк. Албетте, оңойго турган жок, бирок Кудайдын жолу анда басып өтүү үчүн зарыл болгон күч-аракетти жумшоону талап кыларын билемин, анткени ал, жубайлык союздун куткарылышына карата болгон жападан жалгыз гана жол.
Күйөөсү үчүн аялынын сыйынуусу анын энесинин сыйынуусуна караганда да теңдешсиз нерсе (энеке, мени кечириңиз). Ооба, баласы үчүн суранып сыйынган эненин сыйынуусунан өткөн сыйынуу жоктур, бирок эркек киши үйлөнгөндөн кийин атасын жана энесин калтырып, аялы менен бир бүтүн болот (Мт. 19:5). Эми алар рухтагы биримдик менен чырмалышкан бир команда. Күйөөсү менен аялынын союзунун күчү Кудайдын көз алдында никеден тышкаркы күчтөрдүн кошундусунан бир топ ашып түшөт. Мунун себеби: жубайларды бириктирген Ыйык Рух алардын сыйынууларына күч бергенгендигинде.
Ошондуктан, сыйынбай коюуга таптакыр болбойт, анткени көп нерселер сыйынууга муктаж. Силер өз денеңердин оң жак бөлүгүнө гана сыйынып койгонуңарды элестете аласыңарбы? Эгерде бир жак бөлүгү колдоо менен коргоодон алыс болуп талкаланууга учурап жаткан болсо, анда денени экинчи бөлүгүн да ошол эле көргүлүк күтүп турат. Сен жана күйөөң жөнүндө да ушуну эле айтууга болот. Эгерде сен өзүңө эле сыйынып, ага сыйынбай турган болсоң, анда каалаган батаңды ала албайсың жана жашоодогу балкыткан бакытка жете албайсың. Аны менен эмне болуп жатса, сени менен да ошол эле нерселер болот, андан качып кутулууга такыр мүмкүн эмес.
Биздин күйөө жана аял катары руханий биримдигибиз бизге күч берет жана бул биздин никебизди талкалоо үчүн бардык жаңы ыкмаларды ойлоп таап жаткан душманыбыздын табитине ылайык келбейт. Ал бизди ар кандай ыкмалар менен: өзүн төмөн баалоо, текебердик, дайыма туура болууга умтулуу, каалоого ылайык келбеген таанышуулар жана өзүнүн алсыздыгына чалына берүүлөр сыяктуу азгырыктар менен азгыргысы келет. Ал сага: «Эч нерсе өзгөрбөйт», «Баары бир сенде эч нерсе жакшы болбойт», «Элдешкенге эч кандай үмүт жок», «Сен мүмкүн башка бирөө менен бактылуу болмоксуң» деген калптарын айта берет. Ал сени өзүнө ишендирүүгө мажбурлоо үчүн аракеттенет, анткени ага ишенген кезиңден баштап никең бузула баштайт. Эгерде бул калптардын көпчүлүгүнө ишене турган болсоң, анда Кудайдын чындыгына карата жүрөгүң катуулана берет.
Ар кандай эле талкаланган никелик союзда, жок эле дегенде анын бир тарабы Кудайга каршы абалда болот. Жүрөгүңдү катуулантуу менен, сен кырдаалды Кудайдын көзү менен көрүү жөндөмдүүлүгүңдү жоготуп коесуң. Качан биз никеде бактысыз болгонубузда, андан чыгуу жолун издөөдө эптеп эле бир илинчек таап, ошого жармашкыбыз келет, ошентсе да, биз бүт көрүнүштү толук көрө албайбыз. Биз баарын үстүртөдөн гана көрөбүз да, Кудайдын эрки бизден жашырын кала берет. Ошентсе да сыйынган кезибизде жүрөгүбүз жумшарып, көзүбүз ачыла баштайт. Теңир биздин никедеги бардык талкаланып, бүлүнгөн нерселерди калыбына келтире аларына ишене баштаганыбыздан улам, үмүткө ээ болобуз: «…чегиртке, курт, коңуз жана кырк аяк ошол жылдары жеп койгон бардык нерсенин ордун толтурам» (Жоел 2:25). Биз Ага ишенүү менен, Андан бизди оорулардан жана толук үмүтсүздүк сезиминен куткарып, катууланган жүрөгүбүздү айыктырып жана кечиргенди үйрөт деп сурана алабыз. Биз күлдөн сүйүү жарата алганга жөндөмдүү болгон Кудайдын күчүнө ишенсек болот.
Ыйсаны керип салышкандан үч күн өткөндөн кийин Анын мүрзөсүнө келип, Ал өлүп жатпагандыгын, Ал Кудайдын күчү менен тирилгендигин көргөн Мария Магдалинанын жүрөгү кандай кубанычка толгону эсиңердеби? Өлгөндүн тирилгенин көргөндөгү жан-дүйнөңдү толтурган кубанычтан өткөн күчтүү нерсе барбы! Ыйсаны өлгөндөн тирилткен күч, бүгүнкү күндө силердин жубайлык союзуңарды да тирилтип жана аны жаңы өмүр менен толтурууга жөндөмдүү. «Теңирди тирилткен Кудай, өз кудурети менен бизди да тирилтет» (1 Кор. 6:14). Муну ишке ашырганга жөндөмдүү башка күч жок. Бирок мындай нерсе, сүйүүнүн тирилишин күтүүдө эч нерсеге карабастан, татаал жолду басып өтүүгө толук даяр турганыңда гана, Кудайга карай бүткүл жүрөгүң менен толук умтулганыңда гана мүмкүн болот. Анткени кубанычка алып баруучу жол азаптар аркылуу өтөт.
Өзүңдүн никеңдин тагдырын сен өзүң гана чечишиң керек жана анын кайра жаралышы үчүн чынында эле зарыл болуп жаткан нерселерди кылууга даяр экениңди айтышың керек. Сен никеңде көңүл оорулар, кайдыгерлик, өзүмчүлдүк аркылуу кыйраган бардык нерсенин кайра калыбына келишине ишенишиң керек. Жашооңдогу сени жеп-жутуп жаткан ар кандай кайгы: зордук, баланын өлүмү, жубайлык алдамчылык, жакырчылык, жакын адамыңды жоготуу, оор кесел же кокустуктар, кырсыктар өзүнүн өлтүрө турган жебесин (мисалы: аары чаккандагы ийнеси) жоготуп коеруна ишенишиң керек. Сени күйөөң менен эмне бөлүп турган болсо да: аракечтикпи, мээнеткечтикпи, баңгизатка карата болгон көз карандылыкпы же депрессиябы — мунун баары акыры барып жеңилерине ишенишиң керек. Күйөөң экөөңөрдүн мамилеңерге байкалбастан чыккынчылык менен бир кырсык кирип келе жатабы, же силер бир нерселердин: карьеранын, өз кыялдарыңардын, балдарга болгон камкордуктун же өзүмчүлдүк каалоолоруңардын таасири астында калдыңарбы — мунун баарын чечүүнүн жолу табыларын билишиң керек. Мунун баарын ишке ашырууга, ал тургай андан да көптү кылууга Кудайдын кудурети жетерине сен ишенишиң керек.
Эгерде эртең менен эрте ойгонгонуңда эле жаныңда жаткан күйөөң сага бөтөн киши болуп калганын түшүнсөң; эгерде силердин ортоңордогу руханий байланыштын жиптерин унчукпаган жек көрүү үзүп жатканын баамдасаң; эгерде үмүт менен сүйүү биринин артынан бири ээ — жаа бербей тамган тамчыдай болуп улам кетип бара жатса; эгерде силердин өз ара мамилеңер кыжырданууга жана жараатка толгон болсо жана күн сайын көңүл калууну гана кошуп жаткан болсо; эгерде айтылган ар бир сөз экөөңөрдүн ортоңордогу шынааны дагы да тереңирээк кагып, аны силерди бөлүп-жарган, жеңүүгө болбой турган тоскоолдукка айлантып жаткан болсо — эгерде жашооңордо ушунун баары болуп жатса, анда ишенип койсоң болот, булар — Кудайдын эрки эмес. Теңир күйөөң экөөңөрдүн ортоңордогу бардык тоскоолдуктарды талкалап жана никеңерди кайра жаратууну каалайт. Ал жарааттарды дарылап жана сенин жүрөгүңө сүйүү сала алат. Андан башка эч ким, эч нерсе муну кылууга жөндөмсүз.
Бирок сен ишенимдүүлүк менен, бекем туруп: «Теңир, күйөөм экөөбүздүн ортобуздагы душмандашуунун дубалы талкаланышы үчүн, мен ушул карама-каршылык аягына чыксын деп сыйынам. Өзүбүздү коргогубуз келип жаткан жараат менен жек көрүүдөн бизди бошотчу. Бизге кечиргенди үйрөтчү. Сөздөрүбүздө Сенин тынчтыгың, Сенин сүйүүң болушу үчүн биздин оозубуз менен Сен сүйлөчү. Ушул дубалды талкалап, бизге Сенин жолуң менен басканды үйрөт. Сен каалагандай жаңы жашоого кайра жаралуубуз жана айыгуубуз үчүн бизге Сенин чындыгыңды ачып берип, ортодогу дубалды талкалап, Сенин жолуң менен жүрүүгө үйрөтүп, биз кармалып жаткан түшүнбөстүктөн бизди алып чыкчы», — деп айтсаң болот.
Өз никеңди эч нерсе чыкпайт деп айтууга шашпа жана Кудайдан башка күйөө сураба. Ал сенин ушул эле азыркы күйөөңдөн Машайактагы жаңы жаралууну жаратууга күчү жетет. Күйөө менен аял бири-бирине душман болуп, бөтөн болуп, жансыз никеде же өз алдынча жашап, басынтууга чыдап же ажырашуу үчүн жаралган эмес. Кудайдын күчү биз тарапта. Биз өз никебизди тагдырдын эркине тапшырып кое албайбыз. Биз ал үчүн күрөшүшүбүз керек, анткени бизде үмүт бар. Эгерде сенин жаныңда Кудай бар болсо, анда жашооңдо күлдөн кайра жаралбай турган эч нерсе жок. Ал тургай, сенин жеке сезимдериң да кайра жаралат.
Албетте, сыйынаардын алдында күйөөң дагы сен ага сыйынгандай болуп сага да сыйынабы деп ойлоносуң. Бул сага кандай укмуш болуп көрүнгөнүнө карабастан, азгырылбагын. Сен тараптан күйөөгө сыйынуу деген — керт башынын камын ойлобогон жана курмандык менен болгон сүйүү болушу керек. Сен ушул курмандыкты кылууга даяр туруп жана өзүңдү толугу менен ушул сыйынууга берип сыйынышың керек. Мүмкүн, күйөөң эч качан сен сыйынгандай болуп сага сыйынбай тургандыгы толук мүмкүн экендигине көзүң жетип турган күндө да, сен ушул курмандыкты алып келүүгө даяр болуп жана ал үчүн өзүңдү толук берүү менен сыйынышың керек. Чынында эле ал сен үчүн такыр эле сыйынбайттыр. Сен андан суранып жана ошол тууралуу сыйынсаң болот, бирок сен сыйынгының деп күйөөңдөн талап кыла албайсың. Канткен менен бул сенин ишиң эмес, Кудайдын иши. Ошондуктан, аны бул милдеттен бошоткун. Эгерде ал сен үчүн сыйынбаса, анда сен эмес, ал уттуруп жатат. Сенин жыргалчылыгың анын сыйынганынан эмес, Кудай менен болгон мамилеңден көз каранды. Чынында, аялдар да сыйынууга муктаж. Бирок, мен биздин күйөөлөрүбүздүн жардамына сүйөнбөшүбүз керектигин жакшы билем. Чынында эле, күйөөң сенин сыйынуудагы өнөктөшүң болот дегендик дагы, өзүңдү куру үмүт менен сооротуп жаткандай болмок.
Мен ар апта сайын биригип, биргеликте сыйынып жаткан аялдардын сыйынуудагы колдоосу, биздин никени сактап калуунун эң натыйжалуу каражаты болгонун түшүндүм. Бул ар бир эле нике үчүн жагымдуу болоруна ишенем. Эгерде сен бардык жагынан чексиз ишене ала турган, жүрөгүңдүн сырларын ача ала турган, ишеними терең бир нече аялдарды таба ала турган болсоң, анда жума сайын биргеликте сыйынып туруучу убакытты белгилеп ал. Бул сенин жашооңду өзгөртөт. Бул демек, күйөөңдүн жеке жашоосунун бардык майда-барат жактарына чейин эле баарына айта берүүгө милдеттүүсүң дегендикке жатпайт, — андай эмес, сенин максатың — Кудайдан жүрөгүңдү оңдоосун суранып, жакшы аял болууга сага жардам берсин деп, жан-дүйнөңдүн оор жүгүн бирөө менен бөлүшүп жана күйөөң үчүн Кудайдын батасын сурап сыйынуу дегендик менен бекитилет.
Эгерде сенин көйгөйлөрүң өтө эле олуттуу болсо жана сени менен сыйынып жаткан курбуларыңа толугу менен ишене ала турган болсоң, анда ойлонбостон туруп эле аны алар менен бөлүш. Мен текебердиктин, коркунучтун айынан башка адамдарга (алар үчүн сыйынып бере ала турган) көйгөйлөрүн айта албагандыктан улам, көптөгөн никелер ажырашуу менен аяктаганын көрдүм. Алар сыртынан караганда жакшынакай көрүнгөнү менен, анан эле бир күнү баары кыйроо менен бүтөт. Бул жерде курбуларга ишене ала турган көйгөйдүн канчалык жашыруун экендигин эске алыш керек, бирок өзүңдүн чечкинсиздигиңдин жана шек санооңдун айынан никеңди таштап коюуга жол бербешиң керек. Эгерде сенин сыйынуудагы өнөктөшүң сырды сактай албаган адам болсо, анда акылдуураак, боорукерирээк, руханий жактан жеткилең башка бир адамды таап ал.
Ал тургай, сени колдогон башка адамдардын же күйөөңдүн колдоосу болбосо деле, чын жүрөктөн сыйынган сыйынууң жакшы түшүмдөрдү алып келет. Өз сыйынууңа жооп ала электен мурда эле, сыйынганың үчүн эле, Кудай менен бирге болгонуң үчүн эле, сага Кудайдын батасы төгүлө берет. Мындан аркы өзгөрүүлөр болсо, башатты ушул жактан алат.
Өз күйөөңө кепилдикке өтүп же арачы болуп сыйынуунун ар түрдүү жолдорун издөөгө убакыт коротпо. Муну бир күндө, бир жумада же бир айдын ичинде эле кыла коюу мүмкүн эмес. Бул китепте берилген көрсөтмөлөргө карап көр дагы, анан Ыйык Рух кандай шыктандырса, ошондой кылып сыйын. Өзгөчө татаал учурларда, чечкиндүү жарып өтүүлөр зарыл болгон учурларда сага орозо жардамга келет, орозо сенин сыйынууларыңды бир топ натыйжалуу кыла алат. Ыйык Жазуунун негизинде сыйынган сыйынуулар зор күчкө ээ. Ар бир бөлүмдүн аягынан Ыйык Жазуудан зарыл болгон цитаталарды таба аласың.
Эң негизгиси — чыдамкай болуу керек. Сенин никеңе канчалык көбүрөөк зыян келтирилген болсо, сыйынууңа жооп алыш үчүн да ошончолук көбүрөөк убакыт талап кылынат. Кудайдын айыктыруусун күтүүдө чыдамкай жана туруктуу болгун. Күйөөң экөөң тең жеткилең эмес адамдар экендигиңер эсиңде болсун, бир гана Теңир жеткилең. Силердин айыгууңар кандайча болот деп башыңды оорутпай эле кой жана Кудайга сенин никеңдин бардык муктаждыктарын толтуруучу булак катары кара. Сенин милдетиң — бир гана сыйынуу; сыйынууга болсо Теңир жооп берет. Баарын Анын колуна тапшырып кой.
Биринчи бөлүм
Сен күйөөгө чыктың
Өз күйөөсү үчүн сыйына турган аялга сыйынууга туруктуулук менен убакыт бөлүүдөн да мурда, таза жүрөккө ээ болуусу өтө маанилүү. Эгерде сенин сыйынууларың жакшы түшүмдөрдү алып келгенин кааласаң, анда Кудай алдында жүрөгүң таза болушу керек. Ошондуктан, күйөөгө карата сыйынуу анын аялына карата сыйынуудан башталышы керек. Эгерде сенде кыжырдануу, каардануу, күнөөлүү сезимдер болуп, күйөөңдү кечире албай жаткан болсоң, ал тургай, мунун жүйөөлүү себептери бар болгон күндө деле, сыйынууларыңа жооп алышың өтө кыйынга турат. Бирок эгерде Кудай алдына бардык кемчилдиктериңди айтып, ачык жүрөк менен сыйынууну уланта берген болсоң, өз никеңдеги радикалдуу өзгөрүүлөрдү көрө аласың. Кээде аялдар өздөрү сыйынуунун ишке ашышын кечеңдетип салышат, анткени чын жүрөктөн сыйынышпайт. Муну түшүнүүгө мага да убакыт талап кылынган.
Мен күйөөм үчүн жубайлык жашообуздун башталышынан эле сыйына баштабаганыма абдан өкүнөм. Кандай болгон күндө да, бул китепте сунуштап жаткандай кылган эмесмин. Ооба, мен сыйынчумун. Менин сыйынууларым кыска гана болчу: «Теңирим, аны сактачы». Ал сыйынуулар ачык, так эле болчу: «Биздин никени сактачы», бирок алар баарынан көбүрөөк менин сүйүктүү үч сөзүмдөн турган: «Аны өзгөртчү, Теңирим» деген маанидеги сыйынуу болчу.
Биз жаңы үйлөнгөн кезде мен мурдагы күнөөкөр жолдон чыгып, жаңы эле Кудайга кайрылган кезим эле. Анан Кудайдын бошотуучу, кайра жаратуучу күчү тууралуу эч нерсе деле билчү эмесмин. Мен жеткилеңдикке жакын калган адамга күйөөгө чыктым деп ойлогом. Ал эми кандайдыр бир жетишпеген жактарын болсо, менин көз алдымдагы анын жагымдуулугу жаап коер эле. Убакыт өткөн сайын жагымдуу көрүнгөн жактары мени кыжырданта баштады, ал эми жеткилең көрүнгөн нерселер кадимки эле кыял болуп чыкты. Майклдын мени кыжырданткан жактары эле жок болуп кетсе болду, ошондо бүт баары дароо өзгөрөт деп ойлогом.
Менин күйөөм мен элестеткендей идеалдуу эркекке теңелүүнү ойлоп да койбогонун түшүнүү үчүн мага көп жылдар керек болду. Мен аны өзгөртүүгө такыр эле алым жетпестигин түшүнүү үчүн дагы бир топ жылдар керек болду. Качан өз чоочулоом — коркуум менен Кудайга кайрыла баштаганымда гана бир нерсени түшүнө баштадым. Бирок да, баары мен элестеткендей болуп чыккан жок. Кудайдын катышуусун башында мен биринчи сезе баштадым, анан мен биринчи өзгөрүлө баштадым. Кудай менин күйөөмдү өзгөртөрдөн мурда, менин жүрөгүм жумшарып, момун болуп жана өзгөрүшү керек болчу. Болуп жаткан нерселерди Теңир кандай көрсө, мен да ошондой көргөнгө үйрөнүшүм керек болчу.
Эгерде өз жан-дүйнөмдү тереңдеп изилдебесем, анда күйөөмө бүткүл жүрөгүм менен сыйына албастыгымды акырындап түшүнүп баштадым. Өз жүрөгүмдө тынчтык менен сүйүүнүн жоктугунан Кудайга келе албадым жана Андан сыйынууларыма жооп күтө албадым. Жүрөгүмдүн тереңинде Кудай менден башка нерсени, Ага жагымдуу болгон үч сөздөн турган: «Мени өзгөртчү, Теңир» деген сыйынууну күтүп турганына көзүм жетип туруп, мага жагымдуу болгон сыйынуум менен сыйына албай калдым.
Качан күйөөң үчүн сыйына баштаганыңда, өзгөчө анын өзгөрүшүнө үмүттөнүп сыйына баштаганыңда, албетте, анда кандайдыр бир өзгөрүүлөрдүн болушун күтөсүң, бирок ал биринчи өзгөрүлөт деп күтпөшүң керектигин түшүнүп алышыңды каалар элем. Бул жерде сен биринчи болушуң керек. Эгерде ушул сөздөн улам мурда менде болгонго окшоп, сенин ичиңде да кыжырың кайнай баштаган болсо, анда сен: «Кое тургула! Өзгөрүлүүгө мен муктаж болуп жаткан жерим жок да!» деп айтышың мүмкүн. Бирок биз көрбөгөн нерселерди Кудай көрүп турат. Биз муктаж болуп жаткан нерселердин кантип ишке ашаарын ал көрүп турат. Анын жагымдуу эркине карама-каршы болуп жаткан нерселерди бизден издеп табуу үчүн Ага көп убакыттын деле кереги жок. Ал биздин өз жүрөгүбүздө күнөө кылганды токтотушубузду каалайт, анткени күнөө бизди Андан бөлүп салат жана биз өз сыйынууларыбызга жооп ала албай калабыз. «Эгерде мен жүрөгүмдөн мыйзамсыздыктарымды көргөн болсом, анда Теңир мени укмак эмес» (Заб. 65:18). Анын биздин сыйынууларыбызга берген жообун туура түшүнүшүбүз үчүн, Кудай биздин жан дүйнөбүздүн жамандык менен ылайланып, булганып калышын каалабайт.
Айрыкча, күйөөң күнөө кылып жатса, сага орой мамиле жасап, сени сыйлабай, өз сөзүнө жоопкерчиликтүүлүк менен карай албай, сага ишенимдүү болбой же ал тургай зордуктоолорго барып жатса, бул талаптарды аткаруу оңойго турбайт. Бирок Кудай кекчилдик, каар, жек көрүү, өзүн байкуш сезип аяй берүү, өч алууга суусап тургандык дегендер да башкалардан эч канчалык кем болбогон эле күнөө деп эсептейт. Алардын баарын ачыкка чыгарып айтып, Ага жакпаган бардык нерседен сени бошотсун деп Кудайдан суран. Өзүңдүн күйөөңө тартуу кыла ала турган улуу белектериңдин бири — сенин ички бүтүндүгүң. Аны өзгөртүүнүн натыйжалуу ыкмасы болуп сенин жеке өзгөрүүң эсептелет.
Тынчсызданбай эле кой — мен да алгач муну найза сыяктуу кабыл алгам. Ар бир Теңир менен болгон мамилебиздин туюкка кептелгенинде, Ал экөөбүздүн ортобузда мындай сүйлөшүүлөр болчу:
— Теңир, Сен көрүп турасың го менин күйөөм кандай экенин?
— А сен, өзүң кандай экениңди көрүп турасыңбы?
— Атаке, сен менин кайсы бир жерден өзгөрүшүмдү каалайсыңбы?
— Көп жерден. Сен кайсы жактардан өзгөрүшүң керектигин угууга даярсыңбы?
— Даярмын го?...
— Качан ушуга даяр болгонуңда, Мага айтып кой.
— Бирок эмне үчүн мен, Теңирим? Өзгөрүүгө менин күйөөм муктаж болуп жатат го?
— Башкысы өзгөрүүгө ким муктаж болуп жаткандыгында эмес. А өзгөрүүнү ким каалап жаткандыгында.
— Бирок Атаке, бул адилеттик эмес да.
— Мен эч качан турмуш адилеттүү деп айткан эмесмин; Мен адилеттүү Менмин деп айткам.
— Бирок мен…
— Кимдир бирөө биринчи болушту каалаш керек да.
— Бирок…
— Сен үчүн өз никеңди сактап калуу канчалык маанилүү?
— Абдан маанилүү. Башка варианттар мен үчүн ылайык келбейт.
— Жакшы. Кел анда, сенден баштайбыз.
— Ушул идея менен макулдашууга мага жардам бер, Теңирим.
— Муну сен чечесиң.
— Ал мен үчүн сыйынбаса деле, мен күйөөм үчүн сыйына беришим керекпи?
— Ошондой да.
— Бирок бул… Мейли, жакшы, жакшы, менин эсимде: турмуш адилетсиз. Сен адилеттүүсүң!
(Асмандан унчукпаган макулдашуу болгонсуйт).
— Мен багындым. Баштай бер. О, бул кандай гана оор болот! Өө… өзгөрт… Чын эле ушуну мен айтып жатамынбы! (Терең үшкүрүү).
— Мени өзгөрт, Теңирим.
Оорбу? Ооба! Өзгөрүлүү сага керек экендигин моюнга алуу дайыма оор. Айрыкча, сен эмес, башка адам өзгөрүшү керек экендигине көзүң жетип турганда. Бирок ушул оору менен сен жаңы жашоого келесиң. Ар кандай эле альтернатива мындан жеңил боло койбойт, ал эми анын жемиши үмүттөрдүн, өз ара мамилелердин, никенин жана үй-бүлөнүн кыйрашы менен бүтөт.
Кудай таптакыр өлүк болуп калган никени деле тирилткенге кудурети жетет, бирок ал өзүңдү Анын алдында баш ийдирип, Анын мыйзамдары менен — кечирип, жакшылык кылып, сүйүп жашаганга макул болуу менен гана ишке ашат. Бул деген демек, өткөн жашоодон калган жарааттарың жана өткөн жашооң менен коштошуу; бул деген, улуу күрөштө жеңүүчү болушу үчүн, талаштарда жеңилип эле кала бергенге макул болуу дегендик. Мен эми сен таптакыр эле өз кадыр баркың, ар-намысың, жеке сезимдериң, ойлоруң тууралуу унутуп, өз оюна келгенин эле кыла берген күйөөңдүн бардык жоруктарына унчукпай чыдай бер деп айткан жерим жок. Кудай сенден муну талап кылып жаткан жери жок (эгерде сен физикалык же жандык басым көрсөтүүнүн коркунучунун алдында турган болсоң, анда дароо токтоосуз түрдө үйдөн чыгып кетип коопсуз жерге баргының да, жардам сурагын). Сенин күйөөң зарыл болгон психологиялык кеңеш алып жаткан кезде, ал үчүн сыйына бер. Тил алчаактык сенин жүрөгүңдөн ыктыярдуу түрдө чыккан нерсе болушу керек. «Ыйса: «…ким Мен үчүн өз жанынан ажыраса, ал аны сактап калат» (Мт. 10:39) деп айткан. Өз жаныңды курмандыкка алып келүү — сен муну өз жүрөгүңдүн каалоосу боюнча кылышың керек, антпесе муну сенден талап кылуу мүмкүн эмес. Теңир менен сенин ортоңордогу мамиле кандай болушу керек? «Сен кандай кааласаң, ошондой болсун, Атаке. Мени ошого үйрөт» деген гана мамиле болушу керек. Бул сен мурдагы жашооңдон баш тартып жана: «Теңир, мени өзгөртчү» деп айтканга даяр экениңди билдирет.
Качан биз башка адам үчүн сыйынганыбызда жүрөгүбүздө таң каларлык бирдеме болуп өтөт. Катуулануулар жоголот. Биз жарааттардын үстүнөн өйдө туруп, кечиргенди үйрөнөбүз; акыр аягында биз өзүбүз сыйынып жаткан адамды сүйө да баштайбыз. Бул нагыз керемет! Мындай болгонунун себеби, биз сыйынуубузда Кудайдын катышын сезе баштайбыз жана Ал бизди сүйүү Руху менен толтурат. Качан өз күйөөң үчүн сыйынганда жүрөгүңдө ага карата болгон Кудайдын сүйүүсү өөрчүйт. Бул гана эмес, сен ал үчүн сыйынып жатканыңды билбей туруп эле, анын жүрөгүндө да сага карата болгон сүйүү өөрчүй баштайт. Мунун мындай болгонунун себеби сыйынуу деген сүйүүнүн улуу тили болуп эсептелет. Ал бизге жетпейт. Мен жүрөгүндө өз күйөөсүнө карата бир тамчы да сүйүүсү болбогон, бирок сыйынуу процессинде бул сезимдери ачылган аялдарды көргөнмүн. Кээде алар биринчи эле жолку чын жүрөктөн болгон сыйынуудан кийин өздөрүндө болгон өзгөрүүнү сезишкен.
Өз күйөөсү тууралуу Кудайга айтуу, демек сүйүү актысын ишке ашыруу. Сыйынуу сүйүүнү туудурат; сүйүү болсо өз кезегинде сүйүүнү күчөткөн андан аркы сыйынууга түрткү болот. Ал тургай, сенин ниетиң анчалык жүрөктөн чыкпаган болсо деле, улам улана берген сайын алар чын ниеттен болгон сыйынууга айланат. Күйөөң менен сүйлөшкөндө бир топ чыдамкай боло баштаганыңды көрөсүң; уруш-жаңжалга карата болгон мурдагы шылтоолор, себептер кантип жоголуп баратканын, талаш-тартыш маселелерди чатагы жок эле кантип тынчтык менен чечип калганыңарды байкайсың. Силердин союзуңардын кайра жаралып жаткандыгыныны белгилерин ачык-даана көрө баштайсың.
Качан биздин руханий байланыштарыбыз үзүлгөн кезде, баары кыйрай баштайт. Ыйса: «Ич ара бөлүнгөн падышачылык кулайт. Ич ара бөлүнгөн шаар кыйрайт, ич ара бөлүнгөн үй-бүлө бузулат» (Мат. 12:25) — деп айткан. Эгерде күйөөң экөөңөр чогуу сыйынбасаңар деле, сыйынуу силерди бириктире берет. Сыйынуунун натыйжасында Майкл экөөбүздүн ортобуздагы ушунчалык катуу чыңалуулар деле кантип жоголуп кеткендерин көргөм. Ал тургай күйөөңдөн: «Мен сага кантип сыйынайын?» деп сурап көрүү деле ортодогу музду ээритип, силердин мамилеңерге сүйүү менен ишенимди алып келет. Башка мезгилде андан бир сөздү да күтүүгө болбогону менен, Майкл мен ушинтип сураганымда токтой калып, абдан кенен-кесир жооп берер эле. Ал тургай, Кудайга ишенбеген күйөөлөр деле аялынан ушул суроону укканда жооп беришкенин билем.
Күйөө, аял катары бир бүтүндүк болгондон кийин, биз жашоо-турмушта ар башка жолдор менен кете албайбыз. Биз өмүр бою бирге болгубуз келет; биз акыркы күндөрүбүзгө чейин терең сүйүүдө болгубуз келет. Муну бизге бир гана сыйынуу бере алат, анткени ал гана сүйүүнүн ыйык тили менен сүйлөй алат.
Сен качандыр бир убакта күйөөңө карата сыйынуу жөнүндө ойлоонун өзү эле ушунчалык каршылыкты чакыргандай ачууланган абалда болдуң беле? Мен болгом. Сени таарыныч жана кыжырдануу толтуруп турган кезде, башка адамга сыйынуу абдан оор. Бирок Теңир бизден так ушуну күтөт. Кудай бизге душманыңар үчүн сыйынгыла деп айтып жатса, анан кантип Кудайдын Сөзү боюнча бир бүтүндүктү түзгөн жана сүйүктүү болгон күйөөбүзгө өзгөчө күч үрөө менен сыйынууга болбосун? Бирок кантип сындагандан баш тартып, кечиргенди үйрөнүүгө болот?
Эң биринчиден эмне кылыш керек? Эң биринчиден кылыш керек болгон нерсе — Кудай алдында абдан чынчыл болуу. Биздин баарлашуубузга тоскоолдук кылган, кечиргибиз келбей жаткан тоскоолдуктарды жеңиш үчүн, бардык сезимдерибизди Теңирдин алдында чексиз ачып беришибиз керек. Ал үчүн эч нерсени жасап-түзөөнүн кереги жок, анткени Ал бардык чындыкты билет. Ал жөн гана биз Анын шарттарын кабыл алабызбы, Ага баарын ачык айтууга жана өзүбүздүн тил алчаак боло албай жатканыбызды мойнубузга алууга даярбызбы, ошону эле көргүсү келет. Ушундай шартта гана Теңир бизге таасир эте алат.
Эгерде күйөөңө кыжырданып жатсаң, бул тууралуу Кудайга айт. Бул жамандыктын күн сайын жайылып өсө берген рак шишигиндей нерсеге айланып кетишине мүмкүнчүлүк бербе. «Мен өз жашоом менен жашай берем, ал өз жашоосу менен жашай берсин» деп айтпа. Бизге бири бирибизден көз каранды болбой жашаган жашообуздун кунун төлөгөнгө туура келет. «Бирок Теңирдин алдында аял эркекке, эркек аялга көз каранды» (1 Кор. 11:11)
Андан көрө минтип айт: «Теңир, мен бул киши үчүн такыр сыйынгым келбей жатат. Мен каарданып, ызаланып, кектеп жатканымды мойнума алам, күйөөмдөн көңүлүм калып, жүрөгүм андан алыстап жана ага карата катууланып калды. Мени кечир жана Сенин алдыңда менин жүрөгүм таза, рухум адилет болушуна жардам бер. Ага мен жаңыча мамиле жасашыма жардам бер. Мага сүйүп, кубанып, кечирип, ага карата бурулган жүрөк бер. Анын каталыктарын өзүнө ачып бер жана ага ошолорду мойнуна алып, тобо кылганга жардам бер. Аны тобо кылуунун жана бошонуунун жолдорунан алып өт. Мага жардам берчи, күйөөмө карата себеби кечирбестик болгон жандык жана денелик көңүл калуулардан арылганга жардам бер. Бизди бири-бирибизден кечирим сураганга үйрөт. Эгерде мага кандайдыр бир нерсе көрүнбөй жаткан болсо, анда ошону түшүнүүгө жардам бер. Биздин мамилебизге тоскоолдук кылган чаташкан нерселерден жана түшүнбөстүктөрдөн бизди оолактат. Эгерде биздин бирөөбүздүн жүрүм-турумубузду өзгөртүү керек болсо, аны кандайча ишке ашырууну Сен бизге үйрөтөсүң деп үмүттөнөм. Бир жагынан алып караганда, мен өз каарымдын артына жашынгандаймын, анткени ал адилет каардануу деп ойлоймун; экинчи жагынан алып караганда — Сага кандай жакса, ошондой кылгым келет, Атаке. Мага абалды өзгөртө турган сөздөрдү табууга жардам бер».
Эгерде сен өзүңдө күч бар экенин сезип жатсаң, ушул кичинекей экспериментти жүргүзгүн дагы, анан жыйынтыгын күткүн. Бир ай бою күн сайын өз күйөөң үчүн сыйын. Бул китептин ар бир бөлүмүнүн аягында турган сыйынуудан күн сайын бирин алып сыйын. Бир күнгө бир бөлүмдү тандап ал. Кудайдан күйөөңө баталарды төгүп бер деп сурап жана экөөңөрдү тең Анын сүйүүсүнө толтурушун сурап сыйын. Сенин ага карата жүрөгүң жумшара баштадыбы, анын сага карата мамилеси өзгөрө баштадыбы, ошого байкоо жүргүз. Силердин мамилеңер бир топ тең салмактанып, жакшыра баштадыбы, карап көр. Эгерде ушундайча сыйынуу сага абдан оор болуп жаткан болсо, анда кырдаалды Теңирдин позициясынан туруп карап көр; күйөөңө Кудайдын көзү менен кара — өзүңдүн күйөөң катары эмес, Теңир сүйгөн, Кудайдын уулу катары карап көр. Бул сен үчүн улуу ачылыш болуп калышы мүмкүн. Эгерде кимдир бирөө сенден баласына сыйынып берүүсүн сурана турган болсо, сен «жок» дебейт элең да, туурабы? Анда, азыр мындай сыйынууну сенден Кудай суранып жатат.
«Баарынын өзүнүн убакты-сааты бар», — деп айтат Ыйык Жазуу. Бул сөздөр никедеги мамилелерге да түздөн-түз байланыштуу. Сүйлөй турган да убакыт бар, унчукпай кала турган да убакыт бар. Ушул эки түшүнүктү айырмалай билген аялдын күйөөсү бактылуу. Жубайлык жашоодон бир аз эле тажрыйбасы бар адамдарга да белгилүү болгондой, кээде унчукпай эле кое турган нерселер бар. Жубайлар ортосунда бири-бирин таарынтууга жана бири-бирине катуу жараат алып келүүгө көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар. Айтылган сөздү эч кандай кечирим суроо менен кайра алып ала албайсың. Алар ага айтылып калды, эми ошол сөздү уккан адам кечириши гана керек. Бирок дайыма эле андай кылуу жеңилге турбайт. Биздин сөздөрүбүз Кудайдын эркинин ишке ашышына тоскоолдук кылып коюшу мүмкүн, ошондуктан унчукпай гана сыйынып койгон туура.
Биз Майкл менен үйлөнгөн кезде, эгерде ортобузда кандайдыр бир келишпестиктер болсо мен көп сүйлөбөгөн жана унчукпай калганды артык көргөн жан элем. Мен өз сезимдеримди көрсөтүүгө шашпадым. Биринчи балабыз төрөлгөндөн кийин менин үнүм чыга баштады, чыкканда да катуу чыкты. Мен канчалык өз ойлорумду жана нараазылыктарымды катуураак айтып «билдирген» сайын, күйөөм тараптан да ошончолук катуу каршылыктар болуп, тез-тез уруша баштадык. Менин сөздөрүм каалаган өзгөрүүлөрдү алып келмек тургай, тескерисинче, көбүнчө карама-каршы натыйжаларды алып келип жатты. Миллиондогон аялдар жүз жылдар бою үйрөнүп келе жаткан: «Күйөөнү «араалай» бербеш керек, мунун баары бекер!» — дегенди үйрөнүүгө канчалаган жылдар кетти. Сындоо таасир этпейт. Эреже боюнча, адаттагы сүйлөшүүлөр да керектүү натыйжаларды бербейт. Мындай кырдаалдарда сыйынуу гана жалгыз өзгөрүлбөгөн, натыйжалуу каражат болуп эсептелерине көзүм жетти. Ийгиликке жетүүнүн бир гана гарантиясы, сенин сыйынууда Кудай менен баарлашып жана Анын жардамын алганыңда турат. Сен Анын алдында адашкандыктарың, жинденген абалың, туура эмес ниеттериң жана туура эмес ойлоруң менен турасың, бирок качан сен сыйынганыңда, Кудай сага Анын ойлоруна эмнелер туура келбей тургандыгынын баарын ачып берет.
Менин күйөөмдүн өзү каалабаган нерсесин мажбурлап кылдырууга такыр мүмкүн эмес. Ал өзү каалабай турган нерсени аргасыздан кылып бүткөн кезинде деле, акыр аягында биз — жакындары үчүн ал нерсе кымбатка түшөрү белгилүү эле. Эгерде мага кандайдыр бир нерсени кылууда аны мажбурлоого туура келсе да, жүрөгүмдө тынчтык толук өкүм сүрүп калмайынча сыйына берем, анан гана такталган бир сураныч менен күйөөмө кайрылам. Кээде Кудай ал маселеге карата менин көз карашымды өзгөртүп коет же мага аны чечүүнүн башка жолдорун көргөзүп берет. Мындайда мен ал маселеге кайрадан кайрылбастан, унчукпай калам. Эгерде мен бир нерсени айтайын деп чыдабай баратсам да оозумду ачканга шашпайм, Анын жетекчилигин суранып Кудайга кайрылам.
Бирок мунун баарына үйрөнүү үчүн мага көп убакыт талап кылынды. Бардыгы мен бир жолу бул ыр сапты окуганымдан кийин башталды: «Ажаан, ачуулуу аял менен жашаганча, ээн талаада жашаган жакшы» (Накыл. 21:19). Эмнегедир бул мага аябай эле таасир этти.
«Бирок Теңирим, алар туура эмес кылып жатышкан кезде, аялдар күйөөлөрүн ашкерелесе болбойбу? — деп Кудайга кайрылдым. — Анда: «Жашыруун сүйүүгө караганда ачык айтылган ашкере жакшы» (Накыл. 27:5) дегенди кандай түшүнүүгө болот?»
Кудай болсо: «Бардык нерсенин өз убагы бар, асман астындагы ар бир нерсенин өз убагы бар. …Унчукпай турган убак бар, сүйлөй турган убак бар», — (Нас. 3:1,7) деп жооп берди. Кептин баары сенин качан, эмнени кылаарыңды билбегендигиңде жана ошол нерсени сүйүү менен кыла албаганыңда.
«Жакшы болот, Теңирим, — дедим мен. — Мага качан сүйлөш керектигин, качан унчукпай калып, сыйыныш керектигин көрсөтүп бер».
Андай мүмкүнчүлүк тез эле келди. Мен биздин үйдө аялдардын сыйынуу кызматын өткөрүүнү уюштурдум. Биздин сыйынуунун натыйжалары укмуш сонун болуп жаткандыктан, мен күйөөмө эркектердин да ушундай болгон сыйынуу кызматын уюштурууну сунуш кылдым. Бирок ал бул тууралуу угуп коюуну да каалаган жок.
«Менин ага убактым жок», — деген адаттагы фразасы менен менден кутулду.
Мен аны менен бул тууралуу канчалык көп сүйлөшкөнүм сайын, ал ошончолук көбүрөөк кыжырданып жатты. Кудайдын «Унчукпа жана сыйын» деген багыттоосун уккандан кийин, ошол жол менен барууну чечтим да, бул тема боюнча сөз кылганды токтоттум. Анан дагы өзүбүздүн сыйынуучу топтон мени менен кошо сыйынууларын сурандым. Эки жылдан ашыгыраак убакыт өткөндөн кийин Майкл мага эркектердин кызматын ачкысы келип жаткандыгы тууралуу айтты. Азыркы күнгө чейин ал топ бар, Майкл болсо мен ал үчүн сыйынганым тууралуу билбейт дагы. Мен каалагандай тез убакытта болбогондугу менен, баары бир, биз сыйынган нерсе ишке ашты. Күтүү мезгилдери тынчтык менен өткөндүгүн айтып койгум келет, эгерде мен Кудайды угуп, сыйынганды үйрөнбөгөн болсом, балким андай болмок эмес. Ыйык Жазуудан белгилүү болгондой, Эстер ханыша өзүнүн падыша-күйөөсүнө маанилүү бир нерсени айтаарга батынуудан мурда канча жолу сыйынып, канча жолу орозо кармаган. Ал көп нерселердин «жар кырында тургандыгын» билген, бирок чыркырап чуркап барып: «Сенин досторуң — чыккынчылар, алар бизди өлтүргөнү жатышат!» — деп кыйкырган эмес. Жок, ал анткен эмес, Кудай анын жүрөгүн даярдаганга чейин ал сыйынган жана күйөөсүнө сүйүү менен кызмат кылган. Эгерде ушундай кырдаалдарда биз Кудайдан жардам сурай турган болсок, Ал дайыма бизге керектүү болгон сөздөрдү таап берет. Бул жерде эң негизгиси — убакыт.
Кээ бир адамдар өздөрүнүн кескин айтылган, башкаларга катуу тийген сөздөрүн, «Мен жөн гана чындыкты айттым» деп актанышат. Бирок Ыйык Жазууда: «Акылсыз адам бүт каарын чачат, ал эми акылдуу адам ачуусун басат» (Накыл. 29:11) деп айтылат. Өзүнүн сезимдерин жана ойлорун кармай албаган ар кандай аракет наадандык болуп саналат. Чынчыл жана ачык болуу деген жашоодогу бардык эле кырдаалдарды ачык комментарийлей берүү дегенди түшүндүрбөйт; бул аракеттер башкаларга жараат алып келип коюшу мүмкүн экендигин эстен чыгарбаш керек. Чынчылдык деген бактылуу никеде сөзсүз боло турган зарыл нерсе экендигине карабастан, күйөөсүнүн жүрүм-турумун сындай берүүнүн кереги жок, ал пайдасыз нерсе, анткени мындай аракеттер ал жөнүндөгү чындыкты ачып бербейт. Сенин күйөөң тууралуу болгон бардык чындык Кудайдын көз карашында же Ал үчүн күйөөңдүн жүрүм-туруму, сен кабыл алып жаткандай анчалык чоң көйгөй болуп эсептелбейт. Биздин милдетибиз күйөөбүздү биз өзүбүз каалагандай кылууга мажбурлоодо эмес, аны кантип Кудайга жакындатууда, ошондой эле күйөөбүзгө таасир беришине Ага мүмкүнчүлүк берүүдө турат.
Сен эмне жакшы, эмне жаман экенин айырмалай билүүгө үйрөнүшүң керек. Эгерде сен туш болгон кырдаал ушул экөөнүн бирөөнө да дал келбей жаткан болсо, анда өз көз караш-ойлоруңду өзүңдө кармап тургун да, кийинчерээк ал кырдаалды майда-баратына чейин иргеп, талдап чыгышың үчүн ушул көйгөй үчүн сыйынгын. Ыйык Жазуу бизди: «Сүйлөгөндө шашылба, жүрөгүң да Кудайдын алдында сүйлөгөнгө ашыкпасын, анткени Кудай асманда, сен болсо жердесиң, ошондуктан аз сүйлө», — (Нас. 5:1) деп үйрөтөт. Уга турган убакыт бар, бирок кеңеш бербеш керек; колдош керек, бирок конструктивдик сындоо менен чыкпаш керек.
Мен сага күйөөсүнүн каалоосуна каршы бир сөз да айта албаган, дудук сыяктуу бирөөгө айланып калууну сунуштабайм. Андай эмес. Кандай кырдаал болгон кезде да өз көз карашыңды, оюңду жана сезимиңди айтсаң болот. Бирок бир жолу айткандан кийин акылмандуулук кылып, күйөөңдү тынч кой, аны уруш чыгып кеткенге жеткиргенче эле сүйлөй бербе.
Эгерде ошончолук эле, күйөөң үчүн жагымсыз боло турган нерсени ага айткың келип жатса, анда Кудайдан жардам сура. Качан күйөөңдүн кулактары угууга даяр боло турган убакытты тандай билүү үчүн, Теңирден жардам сура. Ичиңден сөздөр көбүрүп-жабырып кайнап турганда кармануу канчалык кыйын экендигин билем, бирок канчалык оор болгондугуна карабастан, ал сөздөрүңдүн баарын эң биринчи Кудайдын угушуна мүмкүнчүлүк бер, Ал сенин жүрөгүңдү өзүнүн Ыйык Руху менен толтурсун. Бул абдан оор, эгерде күйөөң менен сүйлөшүү кыйын болсо бул ого бетер оор болот, анткени айтылган ар бир сөз жараат алып келет. Мен жубайым менен жашай баштаган алгачкы жылдарымда күйөөмө жагымсыз болгон темада аны менен сүйлөшөөрдөн мурда сыйынып алганды билбегендигиме азыр өкүнөм. Менин сөздөрүм көп учурда Майкл тараптан абдан каршылык көрсөткөн реакциянын козголушуна алып келип, бири-бирибиздин бетибизге карай ыргытылгандай жаман сөздөрдүн сели коштоп, кийин өкүнүп калчубуз. Күйөөм менин сунуштарымды дайыма эң жакшы ниеттер жетектеп жана анын кызыкчылыктары үчүн кам көрүү максатында болгондугуна карабай, алардын бүт баарын эле өзүнүн «менине» коркунуч туудуруп, кол салып жаткан нерсе катары кабыл алчу. Бирок муну түшүнүү ага Кудайдан гана келиши керек болчу.
Качан биз күчтү Кудайдан ала турган болсок, анда бизге бир нерсени өз күчүбүз менен далилдөөнүн кереги деле жок болуп калат, «Анткени Кудайдын Падышачылыгы сөз аркылуу эмес, күч аркылуу көрүнөт» (1 Кор. 4:20). Сөз аракетти пайда кылбайт, сөздү коштогон Кудайдын күчү аракетти пайда кылат. Бир нерсени айтаардан мурда, ага сыйынып алсаң, сенин сөзүң канчалык күчтүү экендигине таң калып каласың. Эгерде унчукпай гана туруп, Кудайдын аракеттенишине жол бере турган болсоң, анда жашооңдо кадимкидей көзгө көрүнөөрлүк өзгөрүүлөр болгонуна ого бетер таң каласың.
Эгерде сенин күйөөң ишенбеген адам болсо, анда сенин биринчи жолку аракетиң натыйжасыз болуп калган соң, экинчи жолу Теңир тууралуу сүйлөшүүгө болгон аракетиңден кандай майнап чыгаарын билбейсиң. Албетте бул тууралуу айтуу керек, бирок ал сенин сөздөрүңө карата дүлөй жана кош көңүл болуп жатса, же сенин сөздөрүң аны кыжырдантып жатса, анда өз аракеттериңди токтото туруп, сыйына башташың керек. Бизди Ыйык Жазуу үйрөткөндөй, аялдар унчукпай туруп деле күйөөлөрүнөн бүт баарын ала алышат, анткени күйөөнүн өз аялынан көрүп турганы анын укканына караганда да катуурак сүйлөп турат. Ыйык Жазууда аялдын «…Кудайдан корккон жашоосун көрүп, …анын сөзү аркылуу эмес, жүрүш-турушу аркылуу Кудайга баш ийгидей болгон» күйөөлөр тууралуу айтылат (1 Пет. 3:1).
Кудай али жок нерсенин кандай болуп бүтөрүн билип, ошого карайт. Сен Аны туурап, «Мен каршылык кылгым келбейт, бирок менин күйөөмдүн жашоосунда али жок нерсени да, ишке ашкан нерседей кылып айтам. Ал тургай, ал ишенбеген адам болсо да, мен аны ишенген адамдай кылып сыйынам» деп айтсаң болот. Албетте, күйөөңдүн эркине каршы келген нерселерди кылдырууга аны мажбурлоо сенин бийлигиңде эмес, колуңан келбейт, бирок сыйынуу аркылуу Анын үнү күйөөңдүн жан-дүйнөсүнө жетсин үчүн, Кудайдын күчүнө жол ачып сыйынуу сенин колуңдан келет. Күйөөңдүн Теңирге кайрылышы үчүн канча убакыт сыйынганыңдын мааниси жок, мүмкүн өмүр бою сыйынып өтөттүрсүң. Негизгиси, ошол убакыттын баары бекер өтпөгөндүгү менен маанилүү. Сенин күйөөң ишенген же ишенбеген болгондугуна карабастан, ушул китепте сунуш кылынган сыйынууларды окуу менен ал үчүн дайыма сыйынып жана жогору жактан таң калаарлык жоопторду күтсөң болот.
Канчалык эркин болгондугуңа карабастан, сага дайыма эки милдет жүктөлөөрүн эсиңден чыгарба, алар: үй жана балдар. Сен иштеп, күйөөң үй иштери менен алек болуп жана балдарга көз салып жашап жатсаңар деле, ал сенин үй-бүлөң үчүн сүйүүнүн, өмүрдүн, жаңылануунун булагы болуп калсын үчүн, өз үйүңдү тынчтыктын, бейпилдиктин жана макулдашуунун жайына айландыруу сага гана тиешелүү болгон милдет. Бирок, мындан тышкары, сен сексуалдык жактан суктандыраарлык, жакшы тамак жасай билген, эң мыкты эне, денелик жактан да, жан жагынан да, ошондой эле, руханий жактан да саламаттыгы чың болгон аял болуп кала берүүгө милдеттүүсүң. Көпчүлүк аялдар үчүн мунун баары абдан оор болуп сезилет. Бирок тыйындын экинчи бети да бар эмеспи — сен бул жүктүн баарын өзүң жалгыз көтөрбөйсүң, анткени сен, Кудайдан жардам сурасаң болот.
Теңирден үйүңдү кантип күтө билгенге үйрөтүшүн суран, үйүң дайыма кызуу, кубанычтуу — тирүү баарлашуу толуп турган асмандагы турак жайга окшош болуп калсын. Кудайдан сага бардыгында жардам беришин суран, үйдүн бардык жагында тазалык өкүм сүрсүн: кирлер жуулуп, ордуна коюлган болсун, ашканаңда иреттүүлүк болсун, текчелер, муздаткычтар толук болуп, керебеттер тыкыйта жыйналган болсун. Мунун баары ушунчалык көнүмүш адатка айлангандыктан, күйөөң сенин күндө бүтүрүп жаткан иштериңди байкап да койбойт. Сен андан күн сайын (мүмкүн эч качан) мактоону уга албассың, ошентсе да, ал ушул иштердин бирөөсү эле аткарылбай кала турган болсо, дароо байкайт. Менин күйөөм лампочка же батерейка алыш үчүн мүмкүн айлап-айлап шкафты ачып да койбостур, бирок бир кезде керек болуп, алайын дегенде лампочка да, батерейка да ошол ордунда турган болуш керек. Ал кечинде жумуштан келгенде үйдө нандын болушун күтүүгө акысы бар, ошондуктан менден эмне талап кылынса, ошонун баарын кылууга аракеттенем. Мен Кудайдан күйөөм үйгө чын дили менен каалап кайтып келиши үчүн жана ал жакка өз досторун да ойлонбой чакыра алышы үчүн, өз үйүмдү кантип күтүшүм керектигин үйрөт деп жардам сурайм. Бул үчүн өтө бай, кымбат көрүнгөн нерселердин болушунун же дизайнердин өзгөчө жасалгасынын деле кереги жок. Менин биринчи үйүм таптакыр эле кичинекей болчу, анын ичинде болсо арзандатылган жерден сатылып алынган эмеректер турчу. Өз үйүмдү жакшынакай кылууга аракеттенип, мен курбум менен үйүмдү сырдап чыктым. Үйдү жакшылап күтүү үчүн болгону бир аз гана фантазия жана аракет эле керектелет.
Сенин турак-жайың үй-бүлөңдүн бардыгы үчүн чыныгы үй болуп калышы үчүн, күйөөңө үй башчы болууга мүмкүнчүлүк беришиң керек да, өзүң болсо үйдүн жүрөгү болуп калышың керек. Тигиниси болуу да, мунусу болуу да өтө эле оор. Күйөөң бул ролго ылайык келеби же келбейби, үй башы болууга татыйбы же татыбайбы, ошолордун баарына карабастан, Кудай күйөөнү үйдүн башчысы кылып койгон. Кудайдын тартиби ушундай. Ошентсе да, бул жубайлардын бирөөсүнүн статусу жогору турат дегендикке жатпайт. Алар экөө тең бирдей маанилүү. Эгер сенин күйөөңдүн үй-бүлөнүн башы болууга карата укугу бар болсо, ага баш болууга мүмкүнчүлүк бер; ал эми сага үй-бүлөнүн жүрөгү болуу белгиленген болсо, анда ошол болууга бүт күчүңдү жумша, ал тургай, үй-бүлөнү жалгыз багып жатсаң дагы, жүрөк болууга аракеттен. Экөөңөрдүн ортоңордогу биринчилик үчүн болгон күрөштүн булагы соолуп калсын.
Кеп ким сырттагы жумушта иштеп, ким үй тиричилиги менен алек экендигинде эмес. Кептин баары ушул эки ролго: үйдүн башы болууга жана жүрөгү болууга карата биздин өз ара түшүнүгүбүздүн кандай дал келишкендигинде. Бир кездерде менин күйөөмө бир нече жумалап балдарды карап жана үй чарбасы менен алектенүүгө туура келген. Анткени, мен китепти өз мөөнөтүндө бүтүрүү менен алектенип жүргөм. Ошол эле мезгилде мен анын башчылыгына шек келтирүүгө жана анын үй башы катары укугун чектегенге эч качан өзүмө жол берген эмесмин. Кээде ал эс алып алсын үчүн мага иштегенге туура келчү. Бул көптөгөн жубайлар үчүн өтө кылдаттык менен чечиле турган маселе. Мындай кырдаалдарда баарынан жакшысы күйөө менен аялдын ортосунда үйдүн башы жана жүрөгү катары гармония сакталып калганы эң жакшы.
Үйдө иреттүүлүктү, тартипти кармоо деген, демек, бул үй бардык жагынан жеткилең болуп, такыр эле көйгөйлөр жок дегендик эмес, бул — жөн гана силердин үйүңөрдөгү кырдаалдар көзөмөлдө дегендик. Эгерде үй-бүлөңөрдү камсыздоо үчүн экөөңөр тең көп иштеген адамдар болсоңор, анда үйдөгү милдеттер да тең экиге бөлүнүшү керек. Эгерде күйөөлөр үй иштерине катышкысы келбесе, анда кийин ажырашуу процессине, хиропрактиканын (мануалдык терапиянын бир түрү, же б.а. булчуңдардын, нерв клеткаларынын чарчоосун калыбына келтирүүгө жардам берүүчү кызмат) тейлөөсүнө, психоаналитиктин же дарылоочу врачтын кызматына, же мүмкүн, похорондук бюронун (өлүктү көргө коюу процессинде кызмат көрсөтүүчү жер) кызматына көбүрөөк төлөп жүргөндөн көрө, эң жакшысы үй кызматчысын жалдап койгону дурус. Бул маселеде Кудайдан Анын жетекчилигин сура.
Жогоруда айтылгандардын баары сенин рухуңа, жаныңа жана денеңе тиешелүү, анткени алар сенин өзгөчө көңүл бурууңду жана камкордугуңду талап кылат. Бир жолку радиодогу «ток-шоудан» бир аял белгилүү бир психологго анын күйөөсү эми андан кызыктырарлык жагымдуулукту көрө албай калганын айтып арызданып жатты. Алып баруучу андан: «Сиз жагымдуу болуш үчүн эмне аракеттерди кылып жатасыз?» — деп сураганда, телефон чалып кайрылган аял эмне деп жооп берерин билбей калды. Жагымдуулук өзүнөн өзү эле пайда боло калбайт. Ал тургай, укмуш кыйын аялдар деле өздөрүнүн жагымдуулугун сактап калыш үчүн канчалаган көп аракеттерди кылышкан. Эстер ханыша өз өлкөсүндөгү эң сулуу аялдардын бири болгон, ошого карабастан, ал дагы падышанын алдына баруу үчүн толук бир жыл камданган.
Биздин да ар бирибиз өзүбүзгө суроо берип көрүшүбүз керек: «Күйөөмө жагымдуу бойдон калышым үчүн мен кандай аракеттерди кылып жатам?» деп. Мен жагымдуумунбу? Менин себинген атырларым жакшыбы? Мен өз организмимдеги жаштыкты сактап калуу үчүн кам көрүп жатамынбы, физикалык көнүгүүүлөр менен такай машыгып жатамынбы? Жумушка болгон жөндөмдүүлүгүмдү арттыруу үчүн жана формамды сактап калуу үчүн диета кармап жатамынбы? Мен азыркы заманга ылайыкташып кийинип жатамынбы? Анан эң негизгиси: мен күн сайын Кудай менен жекеме жеке убакыт өткөрөмүнбү? Канчалык Теңир менен көбүрөөк убакыт өткөрсөң, сенин көрүнүшүң ошончолук жаркырап, нурдана берериңе кепилдик бере алам. «Сүйкүмдүүлүк алдап кетет, сулуулук өтүп кетет, бирок Теңирден корккон аял мактоого татыктуу» (Накыл. 31:30).
Сен өзүңө, өз ден соолугуңа, өз келечегиңе аярлап мамиле жасабай койбошуң керек. Мында биртике да өзүмчүлдүк деген жок. Буга көңүл бөлбөй коюунун өзү өзүмчүлдүк болуп эсептелет. Кудайга сыйынып жана Андан эмне кылышты, кандай кылышты көрсөтүп берүүсүн сура. Сенде жана сенин үйүңдө Ыйык Рух жашасын деп Кудайдан суран.
Бир жолу биз үйлөнгөндөн кийин күйөөм жумушунан телефон чалып, кечки тамакка анын жагымдуу тамагы болгон балапандын этин даярдоону суранды. Мен дүкөнгө барып анын каалаганын жасап коюу үчүн зарыл болгон нерселердин баарын сатып алдым. Бирок ал жумуштан келер менен босогодон кирбей туруп эле: «Мен бүгүн эмнегедир балапандын этин жегим келбей жатат, уй этинен жасалган тамак болсо жакшы болмок» деп айтты. Ошол мезгилде менин эмне болгонумду билесиңерби? Мындай нерселер бир эле жолу болуп калган жок. Майкл кечки тамактанууга үйгө келерин айтып коюп, анан тамак даяр болуп, дасторконго коюлгандан кийин он мүнөт өткөндө, жумушу көп экендигин айтып, коллегалары менен бир жерден тамактанып аларын билдирген кездерин санай турган болсом, санагыман да адашып кетем. Акыр аягында мен таарынып, ачууланып, жаңжал чыгаруунун эч кандай кажети жок экендигин, андан болгону жаман гана болорун түшүндүм. Ал кандай болгонун түшүнбөй туруп эле сүйлөй бересиң деп коргонуп, актанып, мени жемелеп калчу. Эгерде мен өз нараазычылыктарымды карап чыга турган болсом, экөөбүз үчүн тең жакшы болоруна көзүм жетти. Ошондон бери мен Майклдын каалаганындай гана кылууну токтоттум да, өзүм үчүн жана балдар үчүн жасай баштадым. Эгерде Майкл бизге кошулуп кала турган болсо, анда ал биз үчүн жагымдуу сюрприз гана болуп калчу; эгерде андай болбой кала турган болсо буга да көнө баштадым.
Мен жагымсыз абалдардан чыгуунун жолун таап алдым: күйөөмө таарына баштаганымда эле анын жакшы жактарын эскерүүнү адатка айландырдым. Ал мага канча жолу оор иштерди аткарууда жана ашканада жардам бергендигин эстедим. Ал ишенимдүү күйөө болду жана бир да жолу ал жагынан шектенүүгө мага жол берген жок. Ал ишенген адам жана жыйынга барат; ал Ыйык Китепти окуйт жана сыйынат; анын адеп-ахлактык принциптери жогору. Ал мени жана балдарын сүйөт; өз таланттары менен Кудайды даңктайт. Ал үй-бүлөбүздү ишенимдүүлүк менен камсыздайт. Баары мындан да жаман болушу мүмкүн болчу, ошондуктан анын кечки тамакка келген, келбегени анчалык деле капаланууга себепчи болбошу керек.
Менин оюмча жаңыдан күйөөгө чыга турган кыздарга өздөрүнүн талаптары жазылган узун тизмелеринен арылышы тууралуу кеңеш айтып, жардам берип койгон туура. Анткени, кийинчерээк анын күйөөсүнүн ал тизмедегилер боюнча жашайын деген ниети да жок экендигине көзү жеткенде, көңүлү калбагандай болушу керек. Никенин негизин түзө турган башка да урунттуу нерселердин катары бар, анын баарын нике келишими түзүлгөнгө чейин эле сүйлөшүп, чечишип алган туура. Алар: акча маселеси, камсыздоо маселеси, чынчылдык, кең пейилдик, адеп-ахлактык принциптер, денелик жана жан-дүйнө жагынан сүйүүдөгү биримдик. Эгерде сенин никеңде ушулар болбой жатса, анда талап кылууга акың бар; эгерде эч нерсе өзгөрбөй жаткан болсо, бул тууралуу сыйынсаң болот. Бирок ошентсе да, сен адамды бардык каалоолоруңа жооп бергендей болууга мажбурлоого акың жок. Басынтууга чыдап, сенин бардык каалоолоруңду аткаруу негизи эле, эркектин колунан келбей турган нерсе. Анын ордуна, бардык көйгөйлөрүңдү сыйынууда Кудайга ачып айтып, анан Андан жооп күт. Күйөөлөрүбүздүн үстүнөн үстөмдүк кылып жана аларга өзүбүздүн көп сандаган талаптарыбызды кое берип, анан алардын биздин талаптарыбызга жооп бере албастыгын көргөндө, көңүлүбүз калып калышы мүмкүн, жок дегенде мына ушул жагынан биздин түздөн түз күнөөбүз бар. Менин никедеги жашоомдо болгон эң чоң татаалдык — Майклга карата болгон үмүтүм акталбай калган кезде, анын кандай болушу керектиги жөнүндөгү менин ойлорум чындыктан жеңилип — талкаланып калган кезде пайда болгон.
Ошондуктан, өзүңдүн көптөгөн иллюзияларыңдан — турмушка ашырылбай турган элестетүүлөрүңдөн арылгын. Күйөөңдү өзгөртүүгө карата болгон сенин бардык аракеттериң жана анын сага жагууга карата болгон аракеттери ийгиликсиздикке курчалып, экөөңөргө тең көңүл калуудан башка эч нерсе алып келбейт. Андан көрө, Теңирден күйөөңдүн Ага жаккандай өзгөрүшүн сура. Анткени, Ал муну теңдешсиз сонун болгондой кыла алат, себеби: «Кудай жасагандын бардыгы түбөлүктүү, ага эч нерсе кошууга да, андан эч нерсени алууга да болбойт» (Нас. 3:14). Күйөөңдү кандай болсо, ошондой кабыл ал жана анын жеткилең болушу үчүн сыйын. Ал эми, андан өзгөрүлүүнү көрө баштаганыңда Кудайдын күчүнүн таасири ошентип көрүнөөрүн билгин. «Жаным, Кудайдан гана тынчтык тап! Анткени мен бир гана Андан үмүт кылам» (Заб. 61:6). Өзүңдүн эң чоң үмүтүңдү күйөөңө эмес, Теңирге жүктө.
Кудай күйөөдөн өз аялын сүйүүнү, ал эми аялдан өз күйөөсүн урматтоону талап кылганын белгилей кетүү кызыктуу: «Силерге тиешелүүсү болсо бул: күйөөсү аялын өзүн сүйгөндөй сүйсүн, аял болсо күйөөсүн урматтасын» (Эф. 5:33). Мен билем, бир да аял сүйбөгөн күйөө менен турмуш курбайт, бирок үйлөнүү тойдон кандайдыр бир убакыт өткөндөн кийин эле ал күйөөсүн урматтаганды токтотуп коет. Эреже боюнча урматтын жоголушу сүйүүнүн да жоголушуна алып келет, бул эркек киши үчүн биз ойлогондон да бир топ кыйын жана оор болот.
Күйөөсүнө карата урмат — сыйдын жоголушу абдан олуттуу болушу мүмкүн. Теңирдин келишим сандыгын шаарга алып келе жатышканда Дөөт падышанын аялы Михал анын күйөөсү кубанганынан Теңирдин жана бүт элдердин алдында жөнөкөй кийим кийип алып, секирип бийлеп келе жатканын карап турган эле. Михал күйөөсүнүн кубанычын бөлүшпөгөнү аз келгенсип, аны кемсинтүү менен караган (2 Шем. 6:16). Ал болуп жаткан нерсеге Теңирдин көзү менен карагандын ордуна, күйөөсүн айыптады. Анан ал өз күйөөсүн сыйлабагандыгы үчүн кымбатка түштү: Теңир аны жазалап, ал өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин баласыз өттү. Күйөөбүзгө талаптагыдай сый көрсөтпөй коюу менен, биз өз никебизге зыян келтирип эле тим болбостон, өзүбүздү жаңы жашоодон да кур калтырып коебуз.
Дагы бир мисал келтирейин: Башти ханыша күйөөсү өзүнө тиешелүү болгон бүткүл аймак боюнча конокторду чакырып, аларга кечки тамак маалында өзүнүн падышачылык бүткүл көрк-сөөлөтү менен келип, конокторго ырахат тартуулоосун каалаган күйөөсүнүн буйругун аткаруудан баш тартып коет. Ал мунусу менен күйөөсүн кемсинтип, элдин алдында басынтып коерун билип туруп эле ушундай кылган: «Бирок ханыша Башти падышанын эбнухтары аркылуу берген буйругу боюнча келгиси келген жок. Ошондо падыша абдан ачууланып, каары кайнады…» (Эст. 1:12-13 кара). Натыйжада, Башти өзүнүн ханышалыгынан айрылып калды. Ал күйөөсүнүн кадыр-баркына зыян келтирип гана тим болбостон, конокторду да сыйлабастыгын көрсөтүп койду. Эгерде аял күйөөсүнүн жүрөгүндөгү ханышалык ордун жоготкусу келбесе, күйөөсүнүн үй-бүлөсүн жана досторун таарынткысы келбесе, анда күйөөсүн басынтпашы керек (ал тургай, ал ошого татыктуу болуп турса дагы). Анткени, анын куну өтө эле жогору болот.
Бирок, кандай болгон күндө да, эгерде ошондой кырдаал болуп кеткен болсо, күйөөңдү урматтабаганыңды көрсөтүп койгон болсоң, дароо бул күнөөң үчүн Кудай алдында тобо кыл. Мындай деп айт: «Теңир, мен күйөөмдү Сенин Сөзүңдө жазылгандай баалабаганымды мойнума алам. Менин жүрөгүмдө оорудан коргонуу үчүн орнотулгандай дубал турат. Бирок, жүрөгүм айыгышы үчүн ал дубалдын бузулушун каалайм. Мен күйөөмдү жетишээрлик урматтабаганым үчүн кечирим сурайм жана менин аны кадырлабаганым, анын дарегине ачуу сөздөрдү айтканым — Сага каршы жасалган күнөө экендигин мойнума алам. Сен мага бергиң келип жаткан чыныгы сүйүүнүн ордун менин жүрөгүмдө эмне ээлеп алган болсо, ошондон мени бошот деп Сенден суранам. Менин жан-дүйнөмдөгү катуулуктан орнотулган дубалды талкала жана күйөөнү кантип урматтаганды, Сага кантип жакканды үйрөт Теңирим. Теңирим, менин жүрөгүмдү ага карата болгон Сенин сүйүүңө толтурчу жана аны Сенин көзүң менен караганга жардам берчи».
Ушундай сыйынуу күйөөңдүн кемчиликтерине эле карай бергендин ордуна, андагы албан потенцилдарды көрүүгө сага жардам берет. Сен аны колдоп — кубаттаган сөздөрдү айтканды үйрөнөсүң жана ал силердин никеңерди жаңы жашоо менен толтурат. Дайым эле кемчилдиктерге карай берсе, анда сүйүү өлөт, эгерде жалаң гана жакшы жагын көрүүгө аракеттенсең анда сүйүү өсөт. Эгерде көкүрөгүңдө Кудай жашап жаткан болсо, күйөөңө карата сүйүү толгон жүрөгүң согуп турган болсо, анда сен баарына жаңы көз караш менен карай баштайсың. Убакыт өткөн сайын күйөөңдүн жүрүм-туруму, кылган иштери, сезимдери сага түшүнүксүз боло баштайт, бирок Кудай сага акылмандуулук берет жана кырдаалды чыныгы жарыкта көрүүгө жардам берет. Теңир сага ушул жөндөмдүүлүктү белек кылышын суран.
Качан сен өз алдыңча — күйөөсү бар аял катары сыйынып жатканыңда, — Ыйык Жазуудагы жакшы аялдын үлгүсүн акылыңда кармагын. Ыйык Жазууда: жакшы аял өз үйү үчүн кам көрөт жана аны жетектейт; ал акчаны да туура сарптайт жана туура бөлүштүрөт. Ал өзүнүн ден соолугу, сырткы көрүнүшү үчүн да кам көрөт; жигердүүлүк менен аракеттенип, баалуу адистикке ээ болот, анын колунан көп нерсе келет жана дайыма келечек тууралуу кам көрөт. Ал өзүнүн күйөөсүнүн жакшы абройун ого бетер көтөрүп турат. Ал күчтүү, өзүнө ишенимдүүлүк менен карайт, жакшылыктарды кылууга умтулат жана улгаюудан коркпойт. Анын сүйлөгөн сөздөрү акылмандык жана кең пейилдик менен айырмаланып турат. Ал шаан-шөкөткө жакын эмес жана дайыма үйдөгү бардык нерселерди билип турат. Күйөөсү жана балдары аны мактап турушат. Ал сырткы суктандырган сулуулукка көп ыктабайт жана Теңир алдындагы коркунуч — анын эң сонун жасалгасы экендигин жакшы билет. Ал күйөөсүнүн иштерине жардам берет жана өзү үчүн өзү жарыялаган толук кандуу жашоодо жашайт (Накыл. 31).
Эң сонун аялдын портрети ушундай, мындай аял толугу менен Ага тил алчаактыкта, Кудайдын коргоосунун астында жашай алат. Ал эми, бул артыкчылыктардын таажысы — күйөөсүнүн жүрөгү аялына ишенгендиги, анткени «Ал күйөөсүнө өмүрү өткөнчө жамандык менен эмес, жакшылык менен гана кайтарат» (Накыл. 31:12). Менин билишимче аялдын күйөөсүнө алып келе турган эң чоң жакшылыгы бул — анын сыйынуусу. Анда эмесе, сыйыналыбы?
Теңирим, мага жакшы аял болууга жардам берчи. Мен Сенин жардамыңсыз муну кыла албастыгымды түшүнөм. Мени өзүмчүлдүктөн, чыдамсыздыктан, кыжырдануудан арылтып жана анын баарын жакшылыкка, курмандык кылууга, көпкө чыдамдуулукка айлантып койчу. Мени терс адаттардан, көңүл чөгүүдөн, орой сөздөрдү айтуудан, өзүн коргоодон бошотуп, мага кең пейилдик, жакшылык кылуу, берилгендик, жумшак мүнөз бер жана эмоциямды карманууга жардам бер. Менин жүрөгүмдү катуулуктан, каардан айыктыр жана күйөөм экөөбүздүн ортобуздагы каршылыктын дубалын өзүңдүн кудуреттүү аяның менен талкалап сал. Мага жаңы жүрөк бер жана анда сүйүү, тынчтык жана кубаныч жарат (Гал. 5:22). Мен өз алдымча алсыздыктарым жана мүнөзүмдөгү терс жактарымды оңдой албаймын, Сен гана мени өзгөртө аласың, Теңирим.
Менин күйөөмө карата болгон жүрөгүмдөгү күнөөлөрүмдү көргөзүп бер. Мен аны талаптагыдай деңгээлде сүйбөгөндүгүм жана урматтабагандыгым үчүн, ага ачууланганым, аны сындагандыгым жана ага карата кекчил болгондугум үчүн кечирим сурайм. Мага таарынычтан, кыжырдануудан жана көңүл калуудан арылууга жардам бер жана мен аны Сен кандай кечирсең, ошондой: толугу менен, өтүп кеткен нерселердин бирөөсүн да эстебегендей кечиргенге жардам бер. Мен өз никемди айыктырайын жана ага тынчтык алып келейин. Күйөөм экөөбүздүн ортобуздагы мамилебиздин жакшырышына жардам бер жана бизди бири-бирибизден алыстоодон сакта; ажырашуу баштала турган босогодон бизди алыс жетелеп кет.
Мага күйөөмдүн жардамчысы жана досу болууга жардам бер. Күйөөм дайыма кубаныч менен кайрылып келе тургандай кылып үйүмдү тынчтыкка, бейпилдикке толтурууга жардам бер. Дайыма күйөөмө жагымдуу болуу үчүн өзүмө кам көрүүнү мага үйрөт. Мага күчтүү, максаттуу аял болууга жана руханий жактан да, жандык жактан да, интелектуалдык жактан да бай болууга жардам бер. Күйөөм мени аялым деп сыймыктанып айткандай аял болууга мага жардам бер.
Мен бүткүл үмүтүмдү Сенин айкаш жыгачыңа алып келем. Күйөөмдү менин талаптарымды канааттандырууга карата болгон милдеттерден бошотом, анткени кээ бир талаптарды Сен гана канааттандыра аласың. Мага ал кандай болсо, ошол бойдон кабыл алууга, аны өзгөртүүгө аракеттенбегенге жардам бер. Ал таптакыр башка адамга айланып кетпестигин мен түшүнөм, бирок ошол эле мезгилде Сен гана жасай ала турган кереметтүү өзгөрүүлөрдүн болушуна да ишенемин. Мен эч кимибиз жеткилең эместигибизди жана эч качан жеткилең боло да албастыгыбызды толугу менен мойнума алам. Сен гана Теңир, жеткилеңсиң жана Сен бизди жеткилеңдикке жеткирериңе үмүттөнөм.
Мени күйөөм үчүн сыйынууга үйрөт жана тилимди чыныгы сүйүүнүн тили кылып кой. Эгерде биздин ортобуздагы сүйүү өлүп калган болсо, аны тирилт. Мага чыныгы сүйүү бар экендигин көргөз жана аны күйөөм сезгендей кылып көргөзүүгө жардам бер. Экөөбүздүн ортобузга биримдик бер, бардык нерседе биздин ортобузда макулдашуу болсун (Амос 3:3). Ылайым сооротуунун жана чыдамкайлыктын Кудайы болгон «…Кудай Өзү Ыйса Машайактын үйрөтүүсү боюнча бизге өз ара бир ой берсин» (Рим. 15:5). Биз бир команда болуп кала тургандай кылып койчу жана көз карандысыздык үчүн болгон күрөшүү жана атаандашуулар токтосун; жубайлык союзубуздун улуу бактысы үчүн бири-бирибиздин кемчилдиктерибизди жана алсыздыктарыбызды байкабай, чогуу эмгектенгенге бизди үйрөт. Бизди тынчтыкка умтулууга жана бири-бирибизге таяныч болууга үйрөт (Рим. 14:19). Ылайым биз «бир болуп… бир ой, бир пикирде бололу» (1 Кор. 1:10).
Биздин бири-бирибизге жана Сага болгон берилүүбүз күн сайын өссүн деп сыйынам. Сенин буйругуң боюнча күйөөмдүн үйдүн башчысы болушуна жардам бер. Аны колдоп, урматтаганга жана үй башчысы катары өз милдетин жакшы аткарышына ага жардам берүүгө мени үйрөт. Анын оюн бөлүшүп жана каалоолорун түшүнгөнгө мага жардам бер. Мага анын талаптарын жана эңсөөлөрүн ачып бере көр. Боло турган көйгөйлөрдү алар боло электе эле мага көрсөт. Биздин никебизге өмүрдүн демин үйлөп койчу, Теңир. Мени башкача адам кылып койчу. Мени жашоого башкача, оптимисттик көз караш менен кароого үйрөтчү. Мага Сен күйөө кылып берген адам менен болгон мамилемди жаңыла. Мага аны башкача көз менен караганды үйрөт, жүрөгүмдү жаңы сезимдер, жаңы сүйүү жана жаңы каалоолор менен толтур. Мени Кудайдын жаңы жаратылышы жана татыктуу аял болуп калгандай кылып койчу, Теңирим. Оомийин.
Ошондуктан силерге айтып коеюн, Кудайдан эмнени сурасаңар да аларыңарга ишенгиле, ошондо силерге берилет. Кимдир бирөөгө каршы бир нерсеңер бар болсо, сыйынып жатканыңарда, аны кечирип койгула. Ошондо асмандагы Атаңар да силерди кечирип коет.
Бири-бириңерге кайрымдуу, боорукер болгула. Кудай силерди Машайак аркылуу кечиргендей, бири-бириңерди кечиргиле.
Сурагыла, ошондо силерге берилет. Издегиле, ошондо табасыңар. Тыкылдаткыла, ошондо силерге эшик ачылат.
Үй акылмандык менен курулат, акыл менен бекемделет. Үй ичи ар кандай кымбат баалуу, сонун мүлккө билгичтик менен толтурулат.
Жакшылык кылып жатып кейибейли, анткени алсырап калбасак, өз учурунда жыйнап алабыз.
Экинчи бөлүм
Анын жумушу
Билл негизинен иштебейт деле. Ал үй-бүлөнүн финансылык маселедеги жоопкерчилигин толугу менен аялы Кимдин мойнуна жүктөп койгон. Ал эми өзү бул убактарда кыялдарга батып жашап жүрөт. Кептин баары Ким үй-бүлөнүн финансылык жүгүн жалгыз өзү алып жүргөндүгүнөн эч кандай кубаныч албагандыгында, ал эми Билл он жети жылдан бери эле план түзүп келе жатат, бирок жыйынтыгы нөл болуп чыгууда. Биллдин пассивдүүлүгүнүн негизинде коркунуч жатканынан шектенбейм: эгерде ал өзү кыялдангандай жумушка жете турган болсо, анда ал өмүр бою өзү жактырбаган иш менен алек болуп калышы мүмкүн.
Стивен болсо тим эле өлүп калганга чейин күч үрөп иштейт. Ал эс алганды да билбейт, өз эмгегинин натыйжасынан ырахат алганды да билбейт; үй-бүлөсү менен да көп чогуу болбойт, ал эми бул убакта анын өспүрүм балдары жетилип келе жатышат. Анын «эшектей иштегени» зарылдыктан улам деле эмес. Ал эгерде иштебей калсам адамдар урматтаганды токтотуп коюшат, ошондо өзүнө карата өзүнүн урмат-сыйын да жоготуп коюудан коркот.
Биз эркектердин өз жумуштарына карата болгон абдан эле өзгөчө жактарын карап көрдүк. Бул бир жагынан алып караганда — жумуштан качуу эгоизмдин (өзүмчүлдүктүн), коркунучтун, өзүнө ишене албастыктын, депрессиянын, келечектин алдындагы коркунучтун айынан болот экен. Жалкоолор тууралуу Кудай мындай деп айткан: «Эшик өзүнүн ашык-машыгында айланат, ал эми жалкоо өзүнүн төшөгүндө оонайт» (Накыл. 26:14). Же болбосо: «…уйкучулук жыртык кийим кийгизет» (Накыл. 23:21). Же: «Жалкоонун жолу тикенектүү чырмоок…» (Накыл. 15:19), ошондой эле: «жалкоону өзүнүн ач көздүгү өлтүрөт, анткени анын колдору иштегиси келбейт» (Накыл. 21:25). Башкача айтканда, жалкоо адам эч качан эч нерсеге жетпейт, эч качан эч нерсеге ээ болбойт, бирок анын жолу тикенектүү, аягында аны өлүмгө алып барат.
Башка бир жагы болсо — жыгылып калганга чейин иштегендик. Мындай адамдар тууралуу Кудай минтип айтат: «Бирөөнүн байлыгына көз арткан ар бир адамдын жолу ушундай болот. Тартып алган байлыгы аны өмүрүнөн ажыратат» (Накыл. 1:19). «Анан мен өз колум менен жасаган иштердин баарын жана өзүм эмгектенген эмгегимди карап, мындай чечимге келдим: бардыгы курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу, күн астында алардан пайда жок!» (Нас. 2:11). Демек, муну менен эмнени түшүнсөк болот? Фанатикалык эмгек адамды көңдөй кылып жана жашоонун чыныгы маанисин кетирип салат.
Жогорудагы биринчи вариант да, экинчи вариант да адамды бактылуу кылбайт жана жашоону да маңыздуу кыла албайт. Бир гана Теңирдин жардамы менен ортодогу жагымдуу абалды таап алгандан кийин гана жаңы, сапаттуу жашоону баштаганга болот.
Адамдын бул же тигил жээкке өтүп кетишинин себеби, баягы эле — коркунуч. Эркектерге өз жумушу кандай болуп жатса өзүн ошого теңдеп, окшоштуруп көрүү касиети таандык. Эркек аны баалап турганды жактырат, ал өзүн жеңүүчү катары сезгенди жактырат. Ал эми, ошол максаттарга жетүүнүн каражаты катары өз жумушун эсептейт. Келечекте ийгиликке жетпей калуу деген аны коркунучка түртөт. Эгерде ал өз ишин өз жөндөмдүүлүгүнөн ылдыйраак аткарып кала турган болсо, ал эркекти басынтат; эгерде ал өз эмгегинин натыйжасын көрбөсө, ал абдан кыйналат да, өзүн бошоң, кудуретсиз катары сезип калат.
Эркек үчүн жумуш жашоодон канагат алуунун критерийи катары эсептелерин Теңир билет. Ал: «Эгерде адам ичип-жеп, ар бир ишинин үзүрүн көрүп жатса, анда бул — Кудайдын белеги» (Нас. 3:13) деген. Эркектин өз жумушуна нааразы болуу көйгөйү жумуштун өзүнө деле байланыштуу эмес, ошол жумуштун ал үчүн канчалык мааниси бар экендигинде. Өз жумушунун маанисин түшүнө албаган эркек бир күнү анын ушунча жылын, өмүрүн коротуп иштеген иши эч нерсеге турбаган, анча-мынча гана сыйлыктар менен чектелерин, келечеги жок экендигин, жок эле дегенде ага өмүрдү арноонун кереги жок экендигин түшүнөт. Анан ушуну түшүнгөн кезде эркектин курагы улгайган учур болсо, анда анын башында: «Сенин эч кимге керегиң жок. Сени ким менен болсо да алмаштырып коюуга болот. Сен эми мурда кылып жүргөн нерселериңди кылууга жөндөмсүзсүң. Кандайдыр бир жаңы нерсени үйрөнүп алуу үчүн эми өтө эле картаңсың. Сага ишенүүгө болбойт» деген ойлор уялап алат. Мындай кырдаал эркектер үчүн абдан опурталдуу.
Геринин, атасынын жана анын чоң атасынын акча каражатындагы көйгөйлөрү абдан окшош. Алардын ар бири алар менен эмне болуп жаткандыгын өтө эле кеч ойлонуп калышкан. Алардын ар бири өз иштерин анын маанисин ойлонбой туруп эле алмаштырып алышкан. Алар дайыма финансы майданында салгылашып келишкен. Алардын ата-энелери балдарынын таланттары ачылып жана талап кылынсын, аларга Кудайдын баталары төгүлүп турсун, алар жаралгандагы алар үчүн белгиленип коюлган милдеттердин баарысынын аткарылышы үчүн, балдардын алдындагы эшиктердин баары ачылсын деп эч качан сыйынышкан эмес. Көрүнүп тургандай, Кудайдын кийлигишүүсү болбогон жерде бирдей эле таржымал кайталанып жатат.
Менин байкашым боюнча ата-энелери алардын жумушу үчүн сыйынган балдар өздөрүн канааттандырган жумуштарды табууда бир топ ийгиликтүү болушат экен. Мүмкүн башталышында аларга кыйын болоттур, бирок ошого карабастан, алардын өздөрүнүн максаттары бар жана алар өздөрүнүн эмне үчүн жаралгандыктарын жакшы билишет, так ушунун өзү да алардын туура багытта алгалоолоруна жардам берет. Башка адамдарга абдан жакшы тааныш болгон көңүл калуу менен басынуу аларды айланып өтөт. Өз балдарынын жашоосун пландаштыргысы келген ата-энелердин ичинен аз гана бөлүгү Кудайдын оюн түшүнүүгө аракеттенет. Качан гана баланын жашоосу кокустуктун эркине берилгенде жан талашып кесип тандай башташат, бирок ал адистик көңүл калуу, шектенүү жана үмүт үзүүдөн башка эч нерсе алып келе албайт. Эгерде күйөөңдүн жашоосу ушинтип башталган болсо, анда сенин сыйынууларың аны өзгөртө алат.
Эгерде сенин күйөөң ата-энесинин сыйынуусунан кур калган болсо, анда сен муну оңдой аласың. Сен анын көздөрү Кудай ага көрсөтүп берген Кудайдын ойлорун жана жолдорун көрүү үчүн ачылсын деп сыйынсаң болот. Күйөөңдүн эмне иш кылганына карабастан, сенин сыйынууларың ага өзүн керектүү жана баалуу деп сезишине жардам берет. Сен аны Кудай ага өзгөчө талант, жөндөмдөрдү бергендигин жана келечекте ал үчүн укмуш бир нерселерди даярдап койгондугун айтып ишендире аласың. Мына ошондон кийин күйөөңдү эч бир адам ажырата албай турган жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түшүнүп, көрө билсин деп Теңирге сыйын. Өз сыйынууларың менен сен анын жолдорун тазалай аласың.
Эгерде күйөөңдүн карьерасы ийгиликтүү болсо да, баары бир анын бардык иштери Кудайдын эркиндегидей болуп ишке ашсын деп сыйынуу керек, ошондо гана баары жакшы болот. Менин күйөөм ырларга музыка жазат, ал музыкалык продюссер болуп эсептелет. Ал мага бир нече жолу менин сыйынуум аны ойдогудай майнап чыкпаган клиенттер менен байланышып алуудан оолак болууга жардам берип, аны сактагандыгын көп айтып калчу. Эч качан ага «татаал», ачуулуу жана ыңгайсыз адамдар менен иштешүүгө туура келген эмес. Эгерде бул бизнестин өзгөчөлүгүн эске ала турган болсок, андай адамдарды накта керемет адамдар деп атаса болмок. Мен дайыма күйөөмдү Кудай жакшы адамдар менен бириктирсин жана аны жагымсыз маанайга кириптер кыла турган адамдардан оолактатсын деп сыйынам. Эгерде биздин сыйынууларыбыз күйөөлөрүбүздүн карьерасын таптакыр булутсуз кылып кое албаса да, аны белгилүү бир деңгээлде жеңилдетип жана көптөгөн керексиз көйгөйлөрдөн бошотот.
Эгерде күйөөң абдан эле иштерман болсо, анын кээде эс алышына, көңүл ачышына кам көрүп, аны үй-бүлөлүк финансы жүгүнөн убактылуу болсо да бошотуп кой. Эркектер эс алууга муктаж. Антмейинче, алар жумушка таптакыр баш оту менен кирип кетишет да, анан ар кандай мүмкүн болчу азгырыктардын алдында коргоосуз калышат. Сенин сыйынууларың күйөөңө жашоонун маңызы жумушта эмес, Кудайдын артынан ээрчүүдө экендигин түшүнүүгө жардам берет. Биздин күйөөлөрүбүз ошол тең салмактуулукту түшүнсүн деп сыйыналы.
Теңирим, мен Сага күйөөмдүн жумушуна батаңды бер деп сыйынам. Анын жумушу ага ийгилик алып келип эле тим болбостон, ага акча каражаты жаатындагы гүлдөөнү да жана эң чоң канааттанууну да алып келсин. Эгерде анын жумушундагы бир нерсе Сенин жеткилең ойлоруң менен дал келишпесе, анда ага ошолорду ачып бер. Анын эмнеден адашып жаткандыгын көрсөтүп бер жана аны туура жолго салып багыттап кой. Анын пассивдүүлүк менен жалкоолуктан кутулуп, келечекти көрө билишине күч бер. Ал эч качан коркунучтун, өзүмчүлдүктүн же жоопкерчилик алуунун алдындагы коркунучтун айынан жумуштан баш тартпасын. Бирок, ошол эле мезгилде, ал бирөөлөргө жагыныш үчүн жумушка байлана бербеши керектигин да ага көрсөтүп бер. Ал Сен бергенден ашыкча нерсени каалабасын. Ага өз ийгиликтерине кубанганды жана көпкө умтулганды үйрөт. Анын ийгиликтүү болушуна жардам бер, бирок ийгиликке бараткан жолунда ар кандай аргасыздык менен басынтуудан аны эркин кыл.
Сен анын жумушунун Кожоюну бол деп сыйынам, Теңирим, ал бүт баарын Сени менен бирге кылсын. Ал жумушту издеп, таап жана өз жумушун татыктуу аткарышы үчүн, анын Сен берген жөндөмдүүлүктөрдө ишенимдүү болушуна жардам бер. Эч бир адам жаба албай тургандай кылып, ага келечектин эшигин ачып бер. Анын адистик жөндөмдүүлүктөрүн көбөйт жана жыл сайын анысын өөрчүтүүгө жардам бер. Менин эмне кылуу менен күйөөмө пайдалуу болоорумду көргөзүп бер.
Мен анын жумушу ал үчүн туруктуу, кызыктуу, жагымдуу болуп жана татыктуу төлөнгөндөй болсун деп сыйынам. Ылайым ал дайыма Ыйык Жазуудагы: «Аракетиңерден жазбагыла, рухуңарды жалындаткыла, Теңирге кызмат кылгыла» (Рим. 12:11) деген сөзүңө ишенимдүү болсун. Ылайым эле ал Сенин тирүү сууңдун шаркыратмасына отургузулган, өз убагында мөмөсүн берген даракка окшош болсун. Анын кырдаалдардын алдында майышып калбастан, рухта бекем болуп жана ийгиликке жетишине жардам бер (Заб. 1:3).
Өз ишин жакшы билген адамды көрдүң беле? Ал жөнөкөй адамдардын алдында эмес, падышалардын алдында турат.
Байлык жыйнаш үчүн түйшүк тартпа, мындай ойлоруңду ташта. Сен ага көзүңдү бурарың менен, ал жок болуп кетет, анткени ал өзүнө канат жасап алып, бүркүт сыяктуу асманга учуп кетет.
Эгерде адам бүт дүйнөгө ээ болуп, бирок өз жанына зыян келтирсе, анда ага эмне пайда? Адам өз жанын куткарып алуу үчүн кандай кун төлөй алат?
Жалкоолуктан шып салаңдап калат, шалдайып отура берсе, үйдүн чатырынан суу өтөт.
Кудай Теңирибиздин ырайымы биздин үстүбүздө болсун. Биздин иштерибизге ийгилик бер, биздин колдон чыккан иштерге ийгилик бер!
Үчүнчү бөлүм
Анын каржысы
Сенин күйөөңдүн бүткүл жашоосундагы ийгиликтин баскычы анын акчага карата болгон мамилесине жараша болот. Анын жүрөгү кененби же сараңбы? Ал башкалар үчүн кубана алабы же аны көрө албастык кыйнап турабы? Ал үчүн акча эмне болуп эсептелет — батабы же каргышпы? Ал өз акчасын кандай пайдаланат — акылмандык мененби же алаңгазардык мененби? Акча маселесинде экөөңөрдүн ортоңордо макулдашуу өкүм сүрүп турабы же силер дайыма акчага байланыштуу урушуп турасыңарбы? Никеге эч бир нерсе акчанын, жетишпестиктин жана чоң өлчөмдөгү карыздын айынан чыккан жаңжалдай оор жүк болуп артыла албайт. Биз эмнеге ээ болсок, ошонун бардыгына Кудайдын эрки менен гана ээ болуп жатканыбызды мойнубузга алганыбызда гана, биз эмнеге ээ болсок, ошонун баарынын Кожоюну болууга Аны чакырсак гана акчага байланыштуу же анын жоктугуна байланыштуу көйгөйлөрдөн кутулабыз.
Менин күйөөм акчаны жакшы эле тапкандыгына карабастан, анын бизнеси же такыр жок, же абдан көп болуп калчу эле. Бир жолу кризис бир жылга созулду, муну баарыбыз сездик. Ал тургай, бизге карыз болгон компания дагы накталай акчанын жогунан улам, акчабызды бере албай жатты. Ал оор мезгил болгон, көйгөйлөрүбүздү Ага ишенип бербегенибизде жана Теңирге таянбаганыбызда мындан да жаман болмок. Бизди Кудайга тил алчаак болуп, ондук акчаларыбызды жыйынга курмандыкка бергенибиз гана сооротуп турду. «Менин үйүмдө тамак болушу үчүн, ондуктардын баарын казына үйүнө алып келгиле», анан карап көрсөңөр «…силер үчүн Мен асман терезелерин ачпайт бекем? Силерге батамды ашыгы менен төкпөйт бекем?» (Мал. 3:10). Биз ошондой эле, жакырларга жана муктаж болгондорго берүү жөнүндөгү буйрукка дагы ишенимдүү болдук: «Бей-бечараны ойлогон адам бактылуу! Кыйынчылык күнү аны Теңир куткарат» (Заб. 40:2). Биз ошондой эле, Ыйык Жазуудагы бул убаданы: «…Теңирди издегендер эч бир жакшы нерседен кур калышпайт» дегенди унуткан жокпуз. Биз чынында эле Теңирди издедик. Биз ишендик, биз Ага өмүрдүн булагы катары таянуу менен жана Анын парыздарын аткаруу менен Анын баталарын алабыз деп ишендик. Биз эмнеге муктаж болсок, Ал бизге баарын берет дедик. Чынында эле ошондой болду.
Эгерде Кудайга ишенсек жана Анын эркин аткарсак, көптөгөн акча көйгөлөрү чечилет. Бул деген демек, Ал бер деп буюрган кезде бериш керек. Теңир Анын эркин аткаргандарга куткарууну, коргоону, батаны жана жаңы жашоону убада кылган. Эгерде андай болбой турган болсо, жакырчылык өзү менен алып келе турган кемсинүүнүн даамын татып калууга туура келет: «Жакырдын ыйын укпай, кулагын жаап алган адам өзү да ыйлайт, бирок аны эч ким укпайт» (Заб. 21:13). Сараңдык сени колдо болгон нерсеңе кубануудан ажыратып коет, ал эми бул болсо, жашоодогу көптөгөн көйгөйлөргө алып келет.
Мүмкүн курмандык эмне экендигин түшүнө албаган бай адамдар бардыр, бирок алар Кудайдын көптөгөн баталарынан: ички дүйнөдөгү бүтүндүк, коргоо, сүйүү, жан-дүйнө бейпилдиги, ден соолук, толук кандуу жашоону сезе билүү дегендерден куру калышкан жана алар мунун баарынын себебин билишпейт. Алар байлыктарын сакташат, бирок ошону менен кубана алышпайт; себеби чыныгы жашоонун ачкычы Теңирди таанып-билүү жана Анын жолу менен жүрүү экендигин билишпейт. А бул болсо бүт баарын: убактыңды, энергияңды, сүйүүңдү, талантыңды, акчаңды Теңирдин колуна тапшыруу менен гана келет.
Сенин күйөөң жашоонун ушул ачкычын тапсын, Кудайдын эркин түшүнсүн, Кудай анын акчасын кантип сарпташын каалай тургандыгын түшүнсүн деп сыйын. Анын жүрөгү башкалар менен бөлүшүүгө кенен болсун, колунда барына канааттанып, ашыкчага жүткүнө бербесин деп сыйын. Мен көп киреше табууга умтулуу туура эмес деп айткан жерим жок, тескерисинче. Эркек өзүнүн эмгегине жараша татыктуу акча алышы керек, ал эми аялы бул туурасында сыйынышы керек. Аягында ачуу ыза, каардануу, оору жана көрө албаган ич күйдүлүктөр коштогон жакырчылыкка алып келген, жанды кыйнаган, оор эмгек менен адам өзүн татыктуу сезе албайт. Кандай болгон күндө да, күйөөңө батанын жамгыры жаасын деп сыйын жана ал баталар Кудайдан гана келсин. «Теңирдин батасы байытат, өзү менен кошо кайгы алып келбейт» (Накыл. 10:22).
Силердин акча каражаты жагындагы кыйынчылыгыңар сыйынуу менен гана чечилбей калышы да мүмкүн, анткени Кудай кээде акчадан кыйналуубуз аркылуу биздин көңүлүбүздү кандайдыр бир башка жакка бургусу келет же кандайдыр бир башка нерсеге бизди үйрөткүсү келет. Ошентсе да, сенин сыйынууларың күйөөңдү кереги жок күрөштөрдөн жана оордук алып келген жеңилүүлөрдөн коргойт. Кудай өзүнүн байлыгын Теңирде деп көргөн, кең пейил, ыраазы болгон, тил алчаак жүрөктөргө батасын бергиси келет. «Байлыгыңар кайсы жерде болсо, жүрөгүңөр да ошол жерде болот» (Мт. 6:21). Кудайдын каалоосу — сенин күйөөң өз байлыгын акчадан эмес, Андан табышы.
Теңирим, мен биздин бардык каржыбызды Сага ишенип тапшырам. Алардын Кожоюну Сен бол жана өз максаттарыңа жетүүдө аларды колдон. Биздин экөөбүзгө тең Сенин жөндөмдүүлүктөрүң менен акчаны туура пайдаланганды үйрөт: акчаны чыгымдоодо тил табышууга бизге жардам бер. Биз карыздын оор жүгүнөн эркин бололу деп сыйынам. Бизге качан жана кайсы жерде акчаны туура эмес жактарга пайдаланганыбызды көрсөтүп бер жана бизди акылмандыкка үйрөт; талкаланып калган нерселерди калыбына келтир жана бизге жол көрсөт. Мага биздин байлыкты көбөйтүүгө акылмандык менен катышканды үйрөт. Биз эмнеге ээ болсок, ошонун баары Сага тиешелүү экендигин дайыма эстеп тургандай бололу жана биз дайыма бул үчүн Сага ыраазычылык билдиребиз.
Сен өз Сөзүңдө бизге парыздап айткандай, ал (күйөөңдүн аты) Сага жана башкаларга ыктыярдуулук менен курмандык кылсын деп сыйынам. Ага акчаны колдоно билүүдө акылмандык бер жана акчаны акылмандуулук менен сарптап, өз келечегин акылмандык менен пландаштыра билсин. Мен Сенден суранам, ага ыксыз коромжулоо менен сараңдануунун ортосундагы туура абалды таап алууга жардам бер. Ылайым анын эмгегине дайыма жакшы төлөнүп берилсин, анын акчалары дайыма бүтүн — толук болсун, зыян тартпасын жана уурдалып кетпесин, бекерге коробосун. Аларды көбөйт, күйөөмдүн бардык эмгеги дайыма пайда алып келген болсун. Менин күйөөм эч качан акча каражатынан кыйналбасын, бирок бардыгы ага кошулуп берилерин түшүнүп, баарынан мурда Сенин Падышачылыгыңды издесин (Лк. 12:31).
Ошондуктан силер: «Эмне жейбиз же эмне ичебиз?» — деп ойлонуп, тынчсызданбагыла. Бул дүйнөнүн адамдары ушунун баары үчүн түйшүк тартышат. Ал эми силердин бул нерселерге муктаж экениңерди Атаңар билет. Кудайдын Падышачылыгын бардыгынан көбүрөөк издегиле, ошондо мунун баары силерге кошулуп берилет.
Ал өз жашоосунун кыскалыгы жөнүндө көп ойлонбойт, анткени Кудай анын жүрөгүн кубанычка толтурган.
Жакырга берген адам жакырланып калбайт, ал эми аларга көзүн жумуп койгон адам көп каргышка калат.
Мен жаш болгом, эми карыдым, бирок адил адамды Кудай таштап койгонун же анын балдарынын нан сурап жүргөнүн көргөн жокмун.
Менин Кудайым силердин бардык кем-карчыңарды Машайак Ыйса аркылуу өзүнүн даңктуу байлыгы менен толуктайт.
Төртүнчү бөлүм
Анын интимдик жашоосу
Бул бөлүмдө эркектин жашоосунун эң негизги бөлүгүн түзгөн нерсе тууралуу сөз болмокчу. Эгерде биз күйөөлөрүбүздү жашоосунун коомдук жогорку мааниге ээ боло турган жактарынан бактылуу кыла ала турган болсок, анда алардын жашоосунун башка жактарына көңүл буруу менен дагы да ынагыраак болуп, дагы да көбүрөөк ийгиликке жетебиз.
Өзүм аялдар менен чогуу мааниси жагынан ийгиликсиз, бөксө жана өлүк сыяктуу болгон, дайыма биринчилик үчүн күрөшүүгө толгон никелерге сыйынып жүргөн убагымда, мен аялдар сексуалдык мамилелерге ушунчалык аз маани беришерин түшүндүм. Алар өз никелеринин бул жагын такыр эле ойлобойт деп айтууга да болбойт, бирок алар үчүн маанилүүрөөк болуп эсептелген, дайыма алардын көңүл буруусун талап кылган жашоо-турмуштагы башка нерселер да толтура: балдарды тарбиялоо, жумуш, акча маселеси, үй тиричилиги, туугандардын ооруп калышы, күйөө менен атаандашуу — ошентип секс, ушул узун тизменин эң аягында калат. Кээ бир аялдар ар кандай себептерден улам апталап, айлап, ал тургай, кээде жылдап күйөөлөрү менен ынак-жакын мамиледе болушпайт. Анан нике бузула баштаганда алар абдан таң калышат. Аялды интимдик жашоодогу мындай абал канааттандырган кезде деле, анын күйөөсү ушул маанилүү жактан өзүн абдан кем сезип, чүнчүп кетет.
Аялдар үчүн секс эркекке өзүнүн жактыруусун жана сүйүүсүн көргөзүү болуп эсептелет. Ал аны таарынткан, ага жараат алып келген, жалаң көңүлүн калтырып гана турган, эч кандай колдоо көрсөтпөгөн эркекке ынак болуп, ага эркелей да албайт, эркелетип да жашай албайт, анткени ал өзүн жалгыз калгандай, калтырылгандай сезет. Ал эми эркек үчүн секс абдан зарыл нерсе. Эгерде эркек ушундай мамиледен күч-кубат алып турбаса, анда анын көрүүсү, угуусу начарлай баштайт, интеллект жана эмоциясы да курчтугун жогото баштайт. Эгерде эркектин жашоосундагы ушул маанилүү жагына көңүл бурулбай калса, анда ал аялын укпай калат, анын каалоолорун түшүнбөй да калат. Аялдарда болсо баары тескерисинче. Алар: башка маанилүү көйгөйлөрдү чечип алгычакты секс күтө турат деп ойлошот. Бирок чын-чынына келгенде, секстин күтө турушу менен маанилүү деген көйгөйдү чечүү мүмкүнчүлүгү ого бетер кыйыныраак болуп калат.
Мына ошондуктан, силердин жубайлык мамилеңерде секске тиешелүү орунду берүү зарыл. Мындай мамиле үчүн ыңгайлуу болгон шарт барбы же жокпу, сенин каалооң барбы же жокпу — маанилүү эмес, маанилүүсү — эгерде күйөөң менен жакшы мамилени сактап калгың келсе, анда анын бул талабын түшүнүү менен аткарышың керек. Эркек жашоосунун ушул жагынан өтө ызакор болот, ошондуктан ушул жагынан аларды кемсинтүү, алсыратуу, өзүн эч нерсеге турбагандай сезимде калтыруу өтө жеңил.
Сексуалдык өз ара мамиледеги көйгөйлөрдүн болушунун себеби, эркектер менен аялдар ушул маселеге карата Кудайдын көз карашы кандай экендигин толук түшүнүшпөйт. Ошол эле мезгилде Ыйык Китеп бул тууралуу ачык эле мындай деп айтып жатат: «Аялдын денеси өзүнө таандык эмес, күйөөсүнө таандык. Ошондой эле, эркектин денеси өзүнө эмес, аялына таандык. Өз ара макулдашкандан кийин, орозо кармоо жана сыйынуу үчүн гана бири-бириңерден убактылуу алыс болгула. Андан кийин кайрадан бирге болгула, өзүңөрдү кармай албаганыңардан пайдаланып, шайтан азгырып кетпесин» (1 Кор. 7:4-5). Никедеги секс — Кудайдын мыйзамы. Туруктуулуктагы интимдик мамиледен качуу туура эмес. Секске орозо, сыйынуу жана жубайлардын бирөөсү ооруп калган учурда гана жол берилбейт.
Никеде биздин денебиз өзүбүзгө тиешелүү эмес; биз бирибирибизге көңүл бурууга милдеттүүбүз. Сексуалдык мамиленин канчалык тез-тез болушу биздин жеке каалообузга эмес, өнөктөшүбүздүн талабына жараша болот. Эгерде секске карата болгон сенин мамилең сенин гана талаптарың менен каалоолоруңа жараша болсо, анда демек, сен бул маселеге карата Кудайдын позициясы кандай экендигин билбейсиң. Ал биздин денебиз башка адамга ырахат бериш керек деп айтып жатат. Секс эркек үчүн зарыл нерсе, жаратылышынан ошондой, анан ал үйлөнгөн кезден баштап аялы анын ушул талабын канааттандырууга жоопкерчиликтүү. Эгерде аялдар өзүнүн бул милдетине тоотпостук менен мамиле кылышса, анда өз ара мамиледеги көп нерселер жоголот. Анан биз ойлогонубуздан да бир топ опурталдуураак болгон ар кандай азгырыктардын алдында коргоосуз болуп калабыз. Бул ар кимдин эле башына келиши мүмкүн, ошондуктан сенин жубайлык жашооң жана күйөөңдүн жубайлык жашоосунун интимдик жагы сыйынууга муктаж. Көйгөйлөр пайда болгонго чейин эле, алдын ала сыйынып баштаган туура.
Эгерде күйөөң сага караганда секс менен көбүрөөк алектенгиси келсе, анда сыйын, Кудай сага бул жагынан өзгөрүүгө жардам берсин. Жубайлардын интимдик жашоосундагы эң татаал мезгил балдар кичинекей болуп, көп көңүл бурууну жана көп камкордукту талап кылган кезде болору өз жеке тажрыйбамдан улам мага маалым. Акыры балдардын баарын уктатып болгон кезде, сен бутуңду шилтөөгө алың келбей, эртерээк эле уйкуга кирсем дегенден башканы ойлобой турган кезиңде, күйөөңдүн түнгө карата таптакыр башка пландары болгон болот. Сен чечкиндүүлүк менен: «Ал жөнүндө унут. Мен чарчадым», — деп, күйөөңдүн аракетин четке кагып койсоң да болот, же өзүңдү кандай сезип тургандыгыңды айтсаң ал өзү эле: «Эч нерсе эмес. Эс ал анда», деши мүмкүн, же аны күнөөлүү сезимге алып келип, же кыжырын келтире тургандай кылып анын кылыгына нараазыланганыңды билдирсең да болот. Бирок мен булардын баарынан жакшы болгон, башка бир төртүнчү вариантты таптым. Карап көрсөң, мүмкүн сага да пайдасы тийип калып жүрбөсүн.
Күйөөң сага өзүнүн каалоосун айта баштаганда көзүңдү алайтып же үшкүрүнүп баштаба, анын ордуна: «Жакшы болот. Мага 15 (20 же канча…) мүнөт убакыт берчи», — деп айт. Бул убакыттын ичинде өзүңдү жагымдуураак кылып иретке келтиргенге аракеттен. Мисалы, душ кабыл ал, же эс алдыруучу ванна кабыл ал, денеңди жыттуу ласьондор менен сүрүп же ага жаккан атырыңдан себинип ал (ал атырды атайын ушундай учурлар үчүн сактап кой), чачыңды тара, бир аз боенуп алсаң да болот, мисалы эриндериңди жалтыратып. Ага жаккан ич кийимдериңди кийип ал жана өзүңдөгү жетишпеген жактарың тууралуу тынчсызданба, ал жагына ал маани деле бербейт. Же келбеттеги кемчиликтерди жапкан, жакшынакай пеньюар кийип алсаң деле болот. Ошол эле учурда сыйын, Кудай сага күч жана энергия берсин, жүрөгүң күйөөңө берилгендей болсун. Ушундай болуп күйөөңдүн алдына келгениңде ал жагымдуу таң калган абалда болуп, өзүнүн бекер күтпөгөндүгүнө ынанат. Кандай сонун өнөктөш боло аларыңды көргөнүңдө өзүңө өзүң да таң каласың жана өзүңө өзүң абдан жагасың, андан кийин экөөң тең бакытка балкып уйкуга киресиңер. Ушул аз гана убакытты сарптоо силердин никеңерге эң сонун жакшылыктарды алып келет.
Бирок аялы күйөөсүнүн бул мамилеге анчалык маани бербеген тоотпостугун көргөндө тескерисинче болуп калышы да мүмкүн. Мүмкүн, күйөөсү денелик, интелектуалдык же эмоционалдык пландабы, бир себептен улам аялына карата кызыгуусун жоготуп койгондур. Бирок, эркек киши айлар бою секске көңүл бурбай жүрө берсе, бул жерде бир нерсе өз ордунда эмес. Ал мүмкүн денелик алсыздыктан, мүмкүн ийгиликсиздиктен, мүмкүн көңүл калуудан же депрессиядан кыйналып жүргөндүр. Бул жерде сыйынуу жардам берет: ал көйгөйлөрдү жана аны чечүүнүн жолдорун көргөзүп берет. Эгерде зарылчылык болсо, адистердин жардамына кайрылса болот. Аягында бузулган психиканы, зыянга учураган ден соолукту калыбына келтирүүгө туура келген ажырашууну ойлогондон көрө бул арзан жана ыңгайлуу болот. Бул кеселдер ар дайым никенин кыйрашы менен кошо жүрөт. Сени каардануу, ызалануу, аео сезимдеринин ээлеп алышына жол бербе. Дайыма ден соолугуң чың жана жагымдуу болгонго аракеттен. Эгерде өзүң үчүн жана өз денең үчүн кам көрүү сага кубаныч алып келбеген болсо деле, мунун баарын күйөөң үчүн жаса. Ал жакшы көргөн кийимдериңди кий, чачыңдын жасалгасын өзгөрт, жаңыча болуп көрүнүүң менен аны таң калтырууга аракеттен. Дайыма жаңы жана кызыктуу бол. Бир сөз менен айтканда, аракеттенбей койбо.
Никеде болуп туруп, секске маани бербей коюу жаман натыйжаларды алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу эсиңден чыгарба. Календарды карап туруп, физикалык мамилеңерде көпкө чейин тыныгуу болуп кетишине жол бербе. Эгерде ушундай учур узакка созулуп кете турган болсо, Кудайдан мунун себебин көргөзүп беришин сурап, кырдаалды өзгөртүүгө аракеттен. Ошондой эле эсиңде болсун: сексуалдык тазалык үчүн сыйынууга эч качан кеч болуп калбайт; өткөн жашооңордо эмне болгон болсо да, эми ал эч кандай мааниге ээ эмес. Кээде жубайлардын никеге чейинки сексуалдык тажрыйбаларынан улам ушул жааттагы көйгөйлөр чыгат. Ошол эскерүүлөрдөн бошоноюн деп сыйын. Качан жүрөгүңөр чындыкка ачылганда, тазаланып каласыңар. Бардыгы сыйынуудан башталат. Жашооңдун эң бир маанилүү болгон ушул жагы үчүн сыйынууга, Кудай берген ушул жөндөмдүүлүккө тоотпостук менен мамиле жасаба.
Теңирим, менин күйөөмдүн интимдик жашоосуна батаңды бер жана аны күчкө толтур. Бузулган нерселерди калыбына келтир, эмне тең салмактуулукка муктаж болсо, тең салмактуулукка алып кел. Бизди апатиядан, көңүл калуудан, бири-бирибизге нараазы болуудан, түйшүктөн, кекчилдиктен жана муздак көңүл коштуктан сакта. Бири-бирибиз үчүн убакыт табууга, чын жүрөктөн ачык сүйлөшүүгө жана бири-бирибиздин муктаждыгыбызга ыклас менен караганга бизге жардам бер.
Биздин сексуалдык мамилебиз бардык жактан таза болсун, бир дагы ыпластык бизди азгырып кетпесин. Биздин акыл-оюбузду никеге чейин орун алган ар кандай сексуалдык тажрыйбалардан тазала; өткөн жашоодогу каталыктардын жүктөрүнөн бизди бошот. Жубайынын көзүнө чөп салууга алып бара турган ар кандай азгырыктардан бизди сакта. «Ар ким өз денесин ыйык жана таза сактай билсин үчүн», ар бирибиз «ойноштук кылуудан алыс» бололу (1 Тес. 4:3-4). Биз күйөөм экөөбүз башканы эмес, бири-бирибизди гана каалап туралы деп сыйынам. Күйөөм эч качан ырахатты башка жактан издебесин үчүн, мени дайыма жагымдуу жана сүйкүмдүү болууга үйрөт.
Күйөөмө кызмат кылуумда секс маанилүү аспект экендигин түшүнөм. Аны мен эч качан манипуляциянын (бирөөнү аргасыз кылып, өз каалоосун аткарттыруу) каражаты катары, өзүмчүлдүгүмдү канааттандыруу максатында колдонбоюн. Биздин никебиздин ушул маанилүү жагын Сага ишенип тапшырам, Теңирим. Биз күйөөм экөөбүз дайыма бири-бирибизге жагып туралы жана ар бирибиз башкабыздан ар дайым кандайдыр бир жаңы, жагымдуу нерсени таап тургандай кылып койчу. Сен кандай кылып көргүң келип жатса, биздин жашообуздун ушул жагын ошондой кылып койчу.
Ойноштук кылуудан качкыла. Адам кылган бардык күнөөлөр денеден тышкары болот, ал эми ойноштук кылган адам өз денесине каршы күнөө кылат. Же эмне, денеңер силердин ичиңерде жашаган Ыйык Рухтун ийбадатканасы экендигин, ал Рухту Кудайдан алганыңарды жана өзүңөрдүн өзүңөргө таандык эмес экениңерди билбейсиңерби? Силер кымбат баада сатылып алынгансыңар, ошондуктан Кудайды денеңер менен да, рухуңар менен да даңктагыла, анткени анын баары Теңирдики.
Дене ойноштук кылуу үчүн эмес, Теңир үчүн, Теңир болсо дене үчүн.
Өз көлмөңдөгү, өз кудугуңдагы суудан ич. Булактарың көчөгө, агын сууларың аянттарга акпасын. Алар жат кишиге эмес, бир гана сага таандык болсун. Булагың баталуу болсун. Жаш кезде алган, маралдай сүйкүмдүү, жейрендей сулуу аялың менен кубан. Анын төшү сени ар дайым канааттандырсын, анын махабаты менен дайымаыракаттан.
Бешинчи бөлүм
Анын назиктиги
Күйөөсүнүн ага карата болгон мамилесинде жылуулук жок экендиги жөнүндө олуттуу түрдө күйөөсү менен сүйлөшүүнү чечкен кезде Том менен Петтинин үйлөнүп жашап жаткандарына бир нече жыл болуп калган эле. Том бардык жагынан эң мыкты күйөө болчу: алардын интимдик жашоосу да эң сонун болчу, бирок башка жагында жылуулук да, назиктик да жок эле. Том аялын сүйбөйт деп айтууга да болбойт, тескерисинче ал өз аялын абдан сүйөт. Том өзү балалык кезинде эркелетүүнү көргөн эмес, ушул себептен ал жубайына кантип өз сүйүүсүн билдирүүнү билчү эмес. Петти өзүн күнөөлүү сезип, күйөөсүнүн көңүлүн ооруткусу келчү эмес, бирок ал дагы бала кезинде жулуулук жана эркелөө дегенди билбегендиктен, никедеги жашоодо мына ушуларга ал ушунчалык муктаж эле. Петти күйөөсүнө ар качан ушул тариздеги нараазылыгын билдирген кезде, ал оңолууга аракеттенчү, бирок кайра эле баары баягы калыбына келип, бул абал экөөнүн тең көңүлдөрүн чөктүрөр эле. Акыр аягында Петти үмүтүн жоготуп, жан-дүйнөсүндөгү боштукту сезе баштады. Ал мындан ары эч кандай жылуулуксуз жана эркелөөсүз кантип жашаарын билбей жатты, бирок Томду өзгөртүүгө карата эч кандай үмүт деле калган жок.
Акырында, бул кыйынчылыкты мындан ары көтөрө албастыгын сезген Петти өз көйгөйү тууралуу сыйынуу тобуна айтып, алардан өзү үчүн сыйынууну суранды. Топтогу эже-сиңдилер жоопкерчиликтүүлүк менен ар жума сайын сыйынып жатышты жана Петти Кудайдын Руху анын жашоосуна киргендигин сезе баштады. Ал анын туура тамактанып, өзү эч качан маани бербей жүргөн физикалык көнүгүүлөр менен машыга башташы керектигин көргөздү. Кудайдын жол көрсөтүүсүнө тил алчаак болуу менен ал өзүн жакшы сезе баштап жана күйөөсү тарабынан назик жасалган мамилеге татыктуу экендигин түшүнө баштады. Ал өзүнүн каалоосу үчүн өзүн күнөөлүү сезгенден бошонушу керек болчу, анткени Теңир да ал үчүн ушуну каалайт эле. Көп өтпөй Петти Кудай аны Том менен сүйлөшүүгө түртүп жатканын сезди. Бирок бул жолу бардыгы Ыйык Рухтун жетекчилиги астында болушу керек болчу, анткени ага карата Томдун мамилесинин кереметтүү түрдө өзгөрүшү үчүн Петти жана анын достору сыйынышкан болчу.
«Бул сүйлөшүү үчүн мага өзүмдөгү болгон күчтүн баарын жумшоого туура келди, — деп айтып берди ал мага кийинчерээк. — Мен бул сүйлөшүү ажырашуу менен бүтөт деп коркком. Баары ушунчалык тереңдеп кеткендиктен, кырдаалды жөнгө салуу мүмкүн эместей болуп сезилген. Бирок Кудай мага ошол учурда керек болгон сүйүү сөздөрүн эсиме салды, анан ошол сүйлөшүү биздин никедеги эң сонун өзгөрүүнүн башаты болуп калды».
«Мага Петти: «Кымбаттуум, кантип ушундай артыкчылыктары толтура болгон сендей сонун адам, мен сүйгөн жана мен ишенген адам, мага ушундай муздак бойдон калышы мүмкүн?» — дегенде баары сынгандай болуп кетти», — деп эскерет Том.
«Менин сөздөрүм аны сергилентип койду, — дейт Петти, — ага үмүт берип, дагы бир жолу аракеттенип көрүүгө бел байлатты».
Бул жолу Том башкача кылды. Ал бул көйгөй тууралуу сыйынуудагы досторуна айтканда, алар анын суроолоруна ошол замат көңүл бурушту. Алар аны сыйынууда колдоп гана тим калышпастан, Петтиге бул же тигил формадагы назик мамилени күн сайын көргөзүп туруу тууралуу өз кеңештерин беришти.
«Мен өзгөрүлүүнү каалагандыктан, муну туура кабыл алдым, — дейт Том. — Мен Петтини сүйөм, ошондуктан ага жараат алып келгим келбейт. Мен өзгөрүлгүм келди жана бул Ыйык Рухтун жетекчилиги менен гана мүмкүн болоорун билгем».
Күн сайын сыйынуу тобунан бирөө Томго телефон чалып: «Петти сенин ал үчүн кам көрүп жатканыңды сезгендей кылып бүгүн ага эмне кылдың?» — деп сурап жатышты. Алар өзүнүн назик көңүл буруусун Петтиге кантип көрсөтүүнүн жолун айтып беришип жана кез-кезде Петтиден «Менин иштерим кандай болуп жатат?» — деп сурап турууну сунушташты. Ыйык Рухтун катышуусу болмоюнча, мунун бардыгы абдан чарчаткан нерседей болмок, бирок Томдун өзүн Теңирдин эркине тапшырууга даяр тургандыгы анда кыжырдануунун пайда болушуна жол берген жок.
«Эми үйгө келер менен ал эң биринчи мени кучактап, өбөт, — деди Петти, жаркыраган жылмаюу менен. — Алгачкы беш жолку кучактоодон кийин мен өзүмдү жаңы адамдай сезип калдым».
Том менен Петтиде болгон көйгөй сейрек көрүнүш эмес. Көптөгөн адамдар, ал тургай, ушунчалык Теңирге берилген адамдар да жылуулук жана назиктик болбогон өлүк никеде жашашат. Бирок көптөгөн аялдар буга чыдап, унчукпай жүрө беришет, анткени күйөөлөрү аларды башка бардык жагынан канааттандырат. Бирок, Кудай жубайлык мамилеге минтип карбайт: «Күйөөсү аялына карата, аялы күйөөсүнө карата жубайлык милдетин аткарсын» (1 Кор. 7:3). «Кучактоочу убакыт бар» — дейт Библия (Нас. 3:5). Бул убакыт сен никеге тургандан кийин келет. Назик мамиле кылуу эркектер үчүн биринчи орунда турбайт, анткени алардын түшүнүгүндө көбүнчө секс менен назик мамиле экөө бир эле нерсе; ал эми аялдар күйөөсүнүн эркелетип туруусуна абдан курч муктаждыкта болушат. Эгерде сенин никеңде мына ушул болбосо, анда сыйын, Ыйык Рух силердин жубайлык мамилеңерди кайра жаратсын.
Теңирим, менин күйөөм менен болгон мамилебиз де дайыма назиктик болсун деп сыйынам. Бизге өзүнүкүн туура көрүүдөн, жалкоолуктан бошонууга жана өз сүйүүбүздү бири-бирибизге ачык билдирүүгө жардам бер. Биз бири-бирибизди сүйүп жана бааларыбызды бири-бирибизге кантип көргөзүшүбүз керектигин үйрөт. Күн сайын бири-бирибизге көңүл буруп, назик мамиле жасаганды бизге эскертип тур. Биздин муздактыктан, көңүл коштуктан, унчукпай жүрө берүүдөн кутулушубузга жардам бер; бири-бирибизге жылуулук, сүйүү бергенди жана тамшанып турууну үйрөт. Биздин өзгөрүлүшүбүзгө жана руханий өсүшүбүзгө тоскоол болгон бардык нерсени талкалап сал. Эгерде бирибиз башкабызга карата көбүрөөк назик мамиледе болсок, анда биздин никебизде тең салмактуулукту орнот.
Эгерде биздин бири-бирибизге карата муздактыгыбыз балдарыбызга, алардын никеге карата болгон мамилесине тескери таасирин тийгизип, же жубайлар катары биздин мамилебиз аларда туура эмес ойду жараткан болсо, эми аларга жакшы үлгү болуп калышыбыз үчүн оңолушубузга жардам бер. Бизге өз каталыктарыбызды тайманбастан моюнга алып, жашообузду өзгөртүүгө карата өз каалообузду ишке ашырганды үйрөт.
Ылайым түйшүк менен кол бошобогондук биздин бири-бирибизге болгон кызыгуубуздун жоголушуна себепкер болбосун; ылайым биз эч качан бири-бирибизди өз түшүнүгү менен эле өзүнчө жүргөн бирөө деп кабыл албайлы; ылайым биздин бири-бирибизге назик мамиле жасообуз эч качан оордук алып келбесин. Сүйүүнү билдирүүнүн бул ыкмасы биздин никени дагы да бекемдегендей кылчы. Биз дайыма ыйык «өбүшүү менен саламдашалы» (1 Пет. 5:14) деп сыйынам. Убакыттар аркылуу сынала турган өзгөрүлүүнү Ыйык Рухтун күчү гана ишке ашыра ала тургандыгын билем. Мен бардыгында Сага таянам жана Сенден суранам: Сага биздин кандай жубайлар болгонубузду көрүү жакса, ошондой күйөө жана аял болууга жардам бер.
Ошентип, эгерде силерде Машайактан келген кандайдыр бир сооронуу, кандайдыр бир сүйүү кубанычы, Рух менен болгон кандайдыр бир баарлашуу, кандайдыр бир кайрымдуулук жана боорукердик бар болсо, анда мени кубанткыла: бир ойго, ошол эле сүйүүгө ээ болгула, ынтымактуу жана бир пикирдүү болгула.
Ошол сыяктуу эле күйөөлөр да аялдарын өздөрүнүн денесин сүйгөндөй сүйүшү керек. Аялын сүйгөн адам өзүн сүйөт. Анткени эч ким эч качан өзүнүн денесин жек көрбөйт, тескерисинче, Машайак Жыйын үчүн кам көргөн сыяктуу, өз денесин азыктандырат, жылытат.
Ар кимиң өзүңдү гана эмес, өзгөнү да ойло.
Сүйгөн жигитимдин сол колу менин башымдын астында, ал эми оң колу менен мени кучактайт.
Ар бир адам өзүн эле эмес, өзгөнү да ойлосун.
Алтынчы бөлүм
Анын кумарлары
Никебиздин алгачкы күнүнөн тартып эле мен Кудайдан Майкл экөөбүздү ар кандай азгырыктардан сакта деп сурангам. Бул ошол сыйынуулардын жыйынтыгы болдубу же жокпу билбейм, биз ар дайым өзүбүздү тазалыкта сактоого аракеттендик, эч кимибиз бир да жолу бири-бирибизге шектенүүгө жол берген жокпуз. Экөө тең маанилүү болгондугуна карабастан, мында биздин адамдык аракеттерибиз эмес, Кудайдын биздин никени коргогондугу бир топ чоң роль ойногондугуна ишенем.
Мен жашоолорунан бузуктук орун алган бир нече түгөйлөрдү билчү элем. Бирок аялдарынын сыйынууга каалоосу болгондугунан жана күйөөлөрүнүн өзгөрүлүү үчүн, өз никесин сактап калуу үчүн өз жүрөгүн Кудайга ачууга каалоосу болгондугунан улам, ал никелер азыр бузулбастан, гүлдөп жашап жатышат. Мындай кереметти бир гана кайра жаратуучу күчкө ээ болгон Ыйык Рух менен биргеликтеги момун жүрөктүн сыйынуусу гана кылууга жөндөмдүү.
Менин бир таанышымдын күйөөсү алар ажырашканга чейин эле бир нече жолу аны алмаштырып кеткен — көзүнө чөп салган. Болгондо да дайыма өз аялынын эң жакшы курбулары менен ошондой окуя болчу. Мен ал өз «курбуларын» эмненин жетекчилигинде тандайт болду экен деп кызыктым. Бирок мен анын жүрөгү Кудайга канчалык деңгээлде берилгендиги жана сыйынууга канчалык түрдө олуттуу караары тууралуу бир да жолу сурап көргөн эмесмин. Анын сыйынарын билчүмүн. Бирок Ыйык Рухтун үнүн уккусу келбеген жүрөк, ал үчүн канча жолу сыйынса да өзгөрүлбөйт.
Азгырык бизди бардык жерде коштоп жүрөт, бирок биздин күйөөлөрүбүз бул же тигил азгырыктан толук корголгон деп айтуу наадандыкка жатмак. Ыйык Китеп: «…Адамдын …көзү тойбойт» (Накыл. 27:20) деп айтат. Эгерде ушундай боло турган болсо, анда азгырыктын мүмкүн болушу дайыма чындык, ошондуктан биз ар дайым сергек болушубуз керек. Бирөөлөр аракка, баңгиликке азгырылат, башкалары акча менен бийликке суусашат, дагы башкалары болсо сугалактык менен күнөөгө батышат же порнографияга азгырылышат. Душман биздин алсыз жерибизди билип алат да, анан бизге тузак жаят. Маселе биздин жолубузда азгырыктар кездешеби же жокпу анда эмес, кептин баары ошол азгырык менен кез келген кезибизде биз өзүбүздү кандай кармаганыбызда. Мен мындай кырдаал үчүн бир гана каражатты сунуш кыла алам, ал каражат — сыйынуу. Мүмкүн сыйынуу адам өзү чечим чыгарып койгон нерседен аны коргоп кала албастыр, бирок ал азгырыктын үнүн басып жана анын чабуулдарына каршы турууну күчөтөт. Ал адамга туура тандоо жолун көргөзүп берет.
Библияда айтылгандай, бизди Кудай азгырбайт, бизди азгырган нерсе — биздин өзүбүздүн эле каалоолорубуз. Так ошолор бизди күнөөгө жетелейт жана акыр аягында бизди талкалайт. Бирок «Сыноолорду башынан өткөрүп жаткан адам бактылуу. Анткени сыноодон өткөндөн кийин, ал адам Теңир өзүн сүйгөндөргө убада кылган өмүр таажысын алат» (Жкп. 1:12). Биздин сыноолордон өтүп кеткенибиз Кудайга жагат, анткени ал бизге батасын бергиси келет. Ошентсе да Ал, биз денебиздин кумарын эмес, Анын жолун тандоо үчүн, Ага ишенебизби же жокпу ошону билгиси келет. Эгерде биз бүткүл жаныбыз менен Ага жардам сурап кайрылып жана Аны издесек, Ал дайыма бизге жол көрсөтүп берет.
Жагымсыз абал пайда болгондон мурда эле сыйына баштоо зарыл. Ыйса өзүнүн шакирттерине: «Азгырылып кетпеш үчүн сыйынгыла» деп айткан (Лк. 22:40). Сергек болуу керек, анткени «…Рух сергек, дене алсыз» (Мк. 14:38). Эгерде сенин күйөөң азгырык менен күрөшүү учурун башынан өткөрүп жаткан болсо, анда ал баарын ачык-айкын бөлүшүп, сыйынуу ал үчүн эң чоң колдоо болушу үчүн анын чыныгы, Кудайга ишенген достору болсун деп сыйын. Кудай алдында жана Кудайга ишенген адамдардын алдында чын жүрөктөн эмне болуп жатканын моюнга алуу азгырыктын күчүн максималдык түрдө алсыратат. Тилекке каршы, көптөгөн эркектер өзү кабылган азгырыктар тууралуу анчалык айткысы келе бербейт, ошонусу менен алар өздөрүнүн азгырыктардан коргонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышат.
Бардык сыйынууларга карабастан күйөөң азгырыкка багынып калган болсо да, өзүңдү күнөөлөбө, анткени чечимди ал кабыл алды. Ал тандады, анан рухтун жолу менен эмес дененин каалаган жолу менен кетти. «Мен болсо муну айтамын: Ыйык Рухтун жетеги менен жашагыла, ошондо денеңердин күнөөлүү каалоолорун аткарбайсыңар. Анткени күнөөкөр табияттын каалоолору Рухка, Рухтун каалоолору болсо күнөөкөр табиятка каршы. Алар бири-бирине каршы, ошондуктан силер өзүңөр каалаганды жасабайсыңар» (Гал. 5:16-17). Күйөөң үчүн сыйынганды эч качан токтотпо. Ал канча жолу азгырыкка жетеленип кетсе да, Кудай аны кантип куткарып калаарды билери эсиңде болсун, сен болсо Теңирдин эрки боюнча күйөөңө куткарыла турган жолду тапканга жардам бере аласың. Эгерде сенин никең мындай коркунучтан алыс болсо, Кудайга ыраазычылык билдирип, мындан кийин да эч нерсе өзгөрүлбөсүн деп сыйын.
Теңирим, мен Сага күйөөмө жолунда кездешкен ар кандай азгырыкка каршы турууга күч бер деп сыйынам. Алар анын жүрөгүнө жетип, ишке ашып кетпесин үчүн, аны татыксыз ойлордон арылт. Анын азгырылып кетишине жол бербе, аны бузуктуктан, порнографиядан, баңгиликтен, аракечтиктен, соргоктуктан жана кумар оюндарынан алыс кыл. Аны айрыкча (азгырыктын кайсынысы экенин ачык айт) сакта. Ал кайсы жерде алсыз болсо, ошол жерде анын рухун бекемде. өтө алгыс чептей болуп сезилген жашоодогу кыйынчылыктарды жеңүүгө ага күч бер. Ылайым ал: «Мен өзүмдүн көз алдыма кереги жок буюмдарды койбойм. Кылмыш ишти жек көрөм, ал мага жабышпайт» (Заб. 100:3) деп жарыяласын.
Атаке, Сен: «өз рухун башкара албаган адам талкалаган, чепсиз шаарга окшош» (Накыл. 25:28) деп айткансың. Мен аны (күйөөңдүн аты) жамандыктын күчү талкалабасын, бирок Сенин күчүң сактасын деп сыйынам, Теңир. Анын айланасына коргоочу дубалдарыңды тургуз. Аны өзүңдүн Рухуңа толтур жана Сенден болбогон бардык нерсени андан алыстатып сал. Анын эркин бекемде жана ал үчүн азгырык боло турган бардык нерсеге каршы турууга аны үйрөт. Ылайым ал «жамандыктан баш тартып» жана «жакшылык кылууга умтулсун» (Рим. 12:9). Аны азгырыктардан сакта, аларга каршы турууга эр жүрөктүүлүк, кайрат бер. Ага дененин калоосун эмес, рухтун каалоосун аткарууну үйрөт.
Азгырылып жатканда, эч ким: «Кудай мени азгырып жатат», — деп айтпасын. Анткени Кудай жамандыкка азгырылбайт жана эч кимди азгырбайт. Тескерисинче, ар ким өзүнүн кумарына берилип, алданып азгырылат. Кумар түйүлүп, күнөө туулат. Ал эми кылынган күнөө өлүмгө дуушар кылат.
Силер адам баласынын башына келе турган эле сыноолорго туш болдуңар. Кудай ишенимдүү, Ал силердин көтөрө алгыс сыноо менен сыналышыңарга жол бербейт. Сыноону көтөрө алышыңар үчүн, сыноо учурунда чыгуу жолун да берет.
Шапар тебүүнү жана ичкиликти, аял (эркек) жандуулукту жана бузуктукту, уруш-талашты жана көрө албастыкты калтырып, күндүз жүргөн сыяктуу, өзүбүздү жакшы алып жүрөлү. Теңирибиз Ыйса Машайак менен тыгыз байланышта болгула. Денеге кам көрүүнү кумарга айландырбагыла.
Ал эми баюуну каалагандар азгырылып, торго түшүшөт; кырсыкка жана өлүмгө дуушар кыла турган, көптөгөн акылсыз, зыяндуу кумарларга батышат.
Күнөөкөр табияттын иштери болсо белгилүү, алар: ойноштук кылуу, нике бузуу, ыпыластык, адепсиздик, бутка табынуу, сыйкырчылык кылуу, касташуу, чыр-чатак, көрө албастык, ачуулануу, уруш-талаш, келишпестик, жалган окутуу, жек көрүү, киши өлтүрүү, аракечтик, шапар тебүү жана башка ушул сыяктуулар. Силерге мурда эскерткенимдей эле, дагы да эскертемин: мындай кылуучулар Кудайдын Падышачылыгын мурасташпайт.
Жетинчи бөлүм
Анын шектенүүсү
Мен мурда күйөөмдүн көңүлүнүн чөгүп кеткен учурлары анын артисттик темпераменттеринин өзгөчөлүктөрү менен байланышат деп ойлочумун. Билесиңерби, чыгармачыл адам кандай болот: бир туруп эле шайыр жана эч нерсе ойлонбогон абалда болуп калат, бир туруп эле бүркөлгөн, чөккөн, басынган абалда болуп калат. Күйөөм муңайган абалда болгондо: аны өзүн колунан эч нерсе келбеген, эч нерсеге турбаган, өз ишин эптей албаган адам деп ойлогон ойлор ээлеп алчу. Минтип ойлогонго эч кандай реалдуу негиздер деле жок болчу, ал эми жогорудагыдай ойлор болсо ага абдан ийгиликтүү болуп, чыгармачылыгынын жемишин жеп турган кезинде деле келе берчү. Анын табиятындагы аны кыйнап жаткан шектенүүлөрдүн болушун: «Ал өзү болгону ушундай» деп эсептеп тим койбош керектигин мен дароо түшүнгөн эмесмин. Мен ошондой эле, Майкл өзүнүн капаланткан ойлору менен күрөшүүдө жалгыз калбашы керектигин түшүндүм. Эгерде ал жана мен бир бүтүндүк болсок, анда ага карата болгон ар кандай чабуул мага да каршы болгон чабуул катары болуп, анан мен ишенимдүүлүк менен: «Менин күйөөм Кудайдын үнүн угуп жаткан жок — бул душмандын үнү. Мен душмандын күйөөмдү кантип кыйнап жатканын жана биздин жашообузду кантип кыйратып жатканын көрүп карап тура албайм» деп айта алмакмын.
Мен өзүмдүн экспериментимди жүргүзүп, «шайтандын айла-амалдарына каршы турууну…» чечтим (Эф. 6:11). Кандай болгон күндө да, Библия бизге сыйынууну буйруйт: «Жалынуу жана сурануу менен, бардык учурда рухтун жетеги менен сыйынгыла. Дайыма сергек болуп, туруктуулук менен сыйынгыла, бардык ыйыктар үчүн...» (Эф. 6:18). Бул жерде «бардык ыйыктар үчүн» деген сөз аркылуу алардын нравалык мүнөзүн эмес, алардын категориясын түшүнүшүбүз керек, бул категорияга менин күйөөм да кирет.
Көптөгөн айлар бою ал үчүн арачылык кылып сыйынуулардын жыйынтыгы мен таң каларлык болгондугун айткым келет: Майкл өз ойлорунун агымын башкарганды үйрөндү, андан да кызыгы, сыйынуунун натыйжасында душмандын планы ишке ашканга чейин эле, талкаланып калып жатты. Күйөөм менин сыйынууларымдын жоопторун канчалык көбүрөөк көргөн сайын, анын ойлорун ээлеп алган калптардын келип чыгышын ошончолук жакшыраак түшүнө баштады, анан албетте, ал калптарга карата болгон ишеними да азая баштады.
Лекцияларды окуу менен көптөгөн өлкөлөрдү кыдырып жүрүп, коомдун ар кандай катмарындагы көптөгөн аялдар менен сүйлөшүү аркылуу, бул проблема ушунчалык актуалдуу экендигине таң калдым. Чынынында, бул алардын күйөөлөрүнүн темпаременттерине (темпаремент — тышкы чөйрөнүн таасирине кишинин сезимдүүлүгү. Котор.эск) же жашоодогу кырдаалдарына деле байланыштуу эмес болчу, анткени, алардын ар бири келип чыгышы жагынан окшош болгон шектенүүлөргө курчалган эле. Аягында, мен ар бир эле эркектин ал үчүн Кудай даярдап койгон нерселерди жок кылууга аракеттенип турган душманы бар экендигине көзүм жетти. Аялдарга деле ошол эле душман кол салып турат, бирок көпчүлүк учурларда эркектер аялдарга караганда да көбүрөөк ызаланма келишет. Ал тургай, эң бир күчтүү эркек деле көйгөйлөрдүн жүгүнүн астында майышып, таптакыр айласы түгөнүп же аны Кудайдан алыстатып кете турган жолго түшүп калышы да мүмкүн. Ал эркек да анын жашоосунда пайда болгон жагымсыздыктын чечилиши таптакыр мүмкүн эмес деп ишендирген шайтандын тузагынын жайылып тургандыгын дайыма эле көрө албайт. Анын башында: «үмүт жок», «баары жаман», «бүттү кыйрады», «мүмкүн эмес» «баары бүттү», «аракет кылып эмне кереги бар?» деген ойлор уялап алат. Анын аялы болсо, күйөөсү чындыкты калптан айырмалап билсин жана ушул калп сөздөрдүн ордуна ал: «үмүт», «гүлдөө», «мүмкүнчүлүк бар», «ийгилик», «жаңы башталыш» деген башка ойлорду ойлоп жана алардын Кудайдан экендигин билсин деп сыйына алат.
Сенин күйөөңдүн акыл-эсине каршы чабуул коюп жаткан шайтандын калпына каршы эң күчтүү куралдар: Кудайдын Сөзү жана Кудайды даңктоо. «Себеби Кудайдын Сөзү тирүү жана таасирдүү, кош миздүү ар кандай кылычтан курч: ал жандан рухту ажыратып, муунга чейин, сөөктүн чучугуна чейин жетет, жүрөктөгү ойлорду, ниетти соттойт» (Эвр. 4:12 курсив менен жазылган менин сөзүм). Качан сен Кудайдын сөзүн жарыялай баштаганыңда, ушул сөздөрдөн улам өз күчүн жогото баштаган калпты көрө баштайсың. Эгерде сенин күйөөң муну өз алдынча кылууга алы жетпесе, анда сен ал үчүн сыйынууда Кудайдын Сөздөрүн жарыялай аласың, анан керектүү натыйжаны көрө аласың. Мен көп жолу ушундай кылганмын жана менин күйөөм анда болуп өткөн өзгөрүүлөр тууралуу күбөлүк кыла алат. Мен дайыма Майклга Кудай ага коркунучту эмес, бирок күчтү, сүйүүнү жана сергек ой жүгүртүүнү бергендигин эскертип турамын (2 Тим. 1:7). Мен ага сергек ой жүгүртүүлөр аны эч качан таштабасын деп сыйынып тураарымды айтып турам.
Ошондой эле, Кудайды даңктоо дагы эң күчтүү курал болуп саналат. Качан биз Ага даңкты бергенибизде, биз Анын катышуусунда болобуз, Анын катышуусунун болушу биздин жашообузду түп-тамырынан бери өзгөртөт. «Анткени алар Кудайды таанып-билип туруп, Аны Кудай катары даңкташкан жок, Ага ыраазычылык билдиришкен жок, тескерисинче, куру кыялдарга батышты, алардын эч нерсени түшүнбөгөн жүрөктөрү караңгылады» (Рим. 1:21). Эгерде Сенин күйөөңдү капалуу ойлор ээлеп алышын каалабасаң, анда анын акыл-эсинин тазалыгы жана сергектиги үчүн Кудайга даңкты бер, ошондо ал өзүнүн алсыздыктарын ачык-айкын көрө алат да, анан аларды оңдойт.
Депрессия, ачуу-ыза, каардануу, коркунуч, оолактоо, жалгыздык, кыжырдануу, азгырыктардын алдындагы алсыздык, ар кандай нервдин оорулары — ушул кеселдердин бардыгы алгач башта пайда болот. Эгерде өз ойлоруңду башкарганды үйрөнбөсөң, сени алар башкарып алышат. Анткени, Кудай бизди бардык эле ойлорду чындык катары кабыл ала бербегиле деп үйрөтөт. «Мен баш ийбеген, жаман жол менен жүргөн, өз ойлору менен жүргөн элге… бир күн бою колумду сунуп турдум» (Ыш. 65:2). Биз «Машайактын акылына» (1 Кор. 2:16) ээ болушубуз үчүн, Ал Анын ойлору биздин ойлорубуз болуп калышын каалайт. Келгиле анда, биздин күйөөлөрүбүз Машайактын акылына ээ болсун жана өздөрүнүн ар кандай ойлорун Кудайга тил алчаактыкка баш ийдирсин деп сыйыналы. Кимге ушундай сыйынуу керек эмес?
Теңирим, мен Сага күйөөмдүн акыл-эсин корго деп сыйынам. Сен буйругандай менин күйөөмдү өз ойлорунун баарын Сага тил алчаактыкка баш ийдиргенге жана Сенин үнүңдү башка үндөрдөн айырмалаганга үйрөтүп, аны шайтандын калптарынан корго. Ал Сенин сөзүңө, Сенин чындыгыңа суусап тургандай болсун жана туура эмес ойлорду аңдап билсин. Ага калпка каршы турганга күч бер. Ал Машайактын акылына ээ экендигин ага эскертип тур. Эгерде душман менин күйөөмдү адаштыра турган болсо, мен душманды күйөөмдүн акыл-эсин тазалоого жөндөмдүү болгон Ыйык Рухтун күчү менен кууп жиберем. Теңир, Сен мага «…душмандын бардык күчүн тебелеп таштагыдай…» (Лк. 10:19) бийлик бергенсиң. Ошол бийлик менен мен күйөөмдүн жашоосунан калптын бардык жиндерин кууймун. Мен билем, Кудайым ага (күйөөңдүн аты) өз жашоосунда сергек акыл жана айкын аяндарды берген. Ылайым аны эч качан ыпылас, күнөөкөр, жаман ойлор булгабасын, анын акыл-эси жаңыланып, Кудайдын пайдалуу, жагымдуу жана жеткилең эркин күбөлөндүргөндөй болсун (Рим. 12:2).
Ага «Теңир менен жана Анын кудурети менен бекемделүүгө» (Эф. 6:10) жардам бер; ал эч нерсе үчүн тынчсызданбасын, бирок анын жүрөгүн жана ойлорун ар кандай акылдан жогору болгон Сенин күчүң сактасын үчүн, ал дайыма сыйынууда жана суранууда ыраазычылык менен жүрөгүнүн каалоосун Сенин алдыңда ачып берсин (Флп. 4:6-7). Анан акыр аягында, ылайым ал дайыма эмне чындык, эмне адилет, эмне таза, эмне сүйүүгө толгон болсо, эмне татыктуу болуп, мактоого арзыса, ошол жөнүндө ойлосун (Флп. 4:8).
Бул дүйнөдө жашап жатканыбыз менен, адамдык кылып күрөшпөйбүз. Анткени күрөшө турган куралдарыбыз адамдык куралдар эмес, алар — чептерди талкалаган Кудайдын күчүнө ээ куралдар. Алар менен биз Кудайды таанып билүүгө каршы турган ар кандай ойлорду, менменсинүүчүлүктү талкалайбыз жана ар кандай ой жүгүртүүлөрдү Машайакка тил алдыруу үчүн туткундайбыз.
Күнөөкөр табияттын каалоосу жөнүндө ойлоо өлүмгө дуушар кылат, Рухтун каалоосу жөнүндө ойлоо өмүр жана тынчтык берет.
Бирок дене мүчөлөрүмдө башка мыйзам бар экенин көрүп жатам. Бул да менин акылым кабыл алган мыйзамга каршы турат жана мени дене мүчөлөрүм баш ийбеген күнөөнүн мыйзамына туткун кылып жатат.
…Ошентип, акылым менен Кудайдын мыйзамына, ал эми күнөөкөр табиятым менен күнөөнүн мыйзамына кызмат кылып жатам.
Кудай-Теңириңди чын жүрөгүң менен, бүт жан-дилиң менен, бүт түшүнүгүң менен жана бардык күч-кубатың менен сүй!…
Сегизинчи бөлүм
Анын коркунучу
Бул дүйнөдө бизге көп эле нерселер коркунуч туудуруп турат, муну наадандар гана танат. Эгерде коркунуч бизди ээлеп ала турган болсо, анда биз анын кулу болуп калабыз. Эркектер да коркунучтун жеми болуп калган кездери сейрек эмес. Анткени аларды көбүнчө буга окшогон суроолор кыйнайт: «А мүмкүн...?» деген. «А мүмкүн мен жетишерлик акча иштеп таппай калсамчы...?»; «мүмкүн менин аялым же балдарым менен бир деме болсочу…?»; «мүмкүн мен айыкпас оору менен ооруп калсамчы…?»; « мүмкүн менин бизнесим кыйрап калсачы…?»; «мүмкүн мен жакшы ата боло албай калсамчы…?»; «а эгерде мен майып болуп калып, анан үй-бүлөмдү бага албай калсамчы…?»; «а мүмкүн кимдир бирөө мени кысымга алып же коркута баштасачы…?»; «мүмкүн мен аварияга дуушар болуп калсамчы…?»; «эгерде мен өлүп калсам, туугандарым кандай абалда болушат…?». Коркунуч адамды ээлеп алып (Заб. 47:7), аны жок кылат (Заб. 77:33). Эгерде адамды «…чоң коркунуч баскан» болсо (Лк. 8:37), ал Кудай менен байланышты жоготуп коет жана Анын жеткилең эркин көрө албай калат.
Майкл экөөбүздүн үйлөнгөнүбүздүн экинчи жылы биз кайтаруучубуз Жек Хейфорд жана анын аялы Анна, ошондой эле жыйыныбыздагы кичинекей топ менен Италия, Греция жана Израилге саякатка жөнөдүк. Майкл дайыма каалоосу жок эле саякаттачу жана Грецияга келген кезибизде, ал ушунчалык капаланган абалга келип калган. Жетишерлик эле чарчагандай бир нече күн өткөндөн кийин, бир күнү кечинде ал мындайча жалбара баштады:
— Мен мындан ары чыдай албайм. Мен мындан ары бул жерде боло албайм.
— Эмнеден коркуп жатасың? — деп сурадым.
— Эгерде токтоосуз түрдө үйгө кайтпасам, менин бүткүл жашоом кыйрап калчудай сезип жатам.
Кеч болуп калгандыгына карабастан, мен кайтаруучу Жекке телефон чалып, эртең эрте менен биз кетерибиз тууралуу кабарладым. Болду — болбоду кайтаруучу төшөккө жатып алган болушу керек эле, бирок ал:
— Азыр мен силерге барам, — деп айтты.
Ал бизге келген кезде Майкл ага бүт баарын ачык айтты. Кайтаруучу Жек аны кучактап алып, Асмандагы Ата аны кандай гана улуу сүйүү менен сүйөрү тууралуу айтып жатты.
— Сен — Кудайдын баласысың, — деди ал. — Сени сүйгөн, кудуреттүү Атаңдын көз алдында турганыңда эч нерседен коркпошуң керек.
Кайтаруучу Жек Майклга асмандан келип жаткан сүйүүнү сезсин деп сыйынды. Анан Кудайдын ушундай жөнөкөй гана ырайымынын болушу, Майкл үчүн чоң аян болду. Ушундан кийин ал коркунучту жеңип, топтогулар менен чогуу саякаттын аягына чейин калды. Калып калганы деле жакшы болду, Иерусалимде менин боюма бүтүп, тогуз айдан кийин уулубуз Кристофер төрөлдү, болгондо да кайтаруучу Жектин туулган күнүндө. Эгерде коркунучтун бизди башкарып алышына жол бербей турган болсок, биздин башыбыздан эң сонун нерселер өтөт.
Башыңа кандайдыр бир сени чоочуткан ойлор келип жана кандайдыр бир так проблеманын чечилиши үчүн сени мажбурлаган учур менен, сенин эркиңди майтарып, жабыркаткан коркунуч сезиминин ортосунда эң чоң айырма бар. Албетте, сен күйөөңдүн жүрөгү Ыйык Рухка толуп турушун каалайсың, бирок анын ордуна баарын кыйратуучу коркунучтун жинине толуп калган болсо, анда сен кийлигише албай каласың. «Бирок силерге кимден коркушуңар керектигин айтайын: өлтүргөндөн кийин оттуу көлгө түшүрө ала турган Кудайдан корккула!» (Лк. 12:5). Биз ээ боло турган бир гана коркунуч, бул — Кудайдан коркуу.
Эгерде сенде Теңирдин алдындагы коркунуч болсо, анда Кудай сени душмандан куткарууну убада кылат (2 Пад. 17:39), сени жамандыктан коргойт (Накыл. 16:6), Анын көзү сенин үстүңдө болот (Заб. 32:18), сага өз ырайымын көргөзөт (Лк. 1:50), сага байлык жана даңк берет (Накыл. 22:4), сенин жашооңо керектүү болгон бардык нерсе менен камсыз кылат (Заб. 33:10), сага өз келишимин ачып берет (Заб. 24:14), сенин балдарыңа жана неберелериңе батасын берет (Заб. 102:18), сага бекем үмүт берет (Накыл. 14:26), сенин жашооңду тынчтыкка бөлөйт (Накыл. 19:23), сени узак өмүр менен жалгайт (Накыл. 10:27) жана сенин жүрөгүңдүн каалоосун аткарат (Заб. 144:19). Дагы эмне кылса болот? Теңирдин жагымдуу жана жеткилең сүйүүсү сенин күйөөңдү курчасын жана аны бардык коркунучтардан бошотсун деп сыйын.
Теңирим, Сен өз Сөзүңдө: «Сүйүүдө коркунуч жок. Тескерисинче, жеткилең сүйүү коркунучту жок кылат, корккон адам кыйналат. Корккон адамдын ичиндеги сүйүү жеткилең эмес» (1 Жкн. 4:18) деп айткансың. Анын үстүнөн эч кандай коркунуч бийлебесин үчүн, менин күйөөмдү Сендеги сүйүүдө бекемдешиңди суранам. Мен билем, Сен ага коркунучтун рухун эмес, күчтү, сүйүүнү жана сергек рухту бергенсиң (2 Тим. 1:7). Мен Ыйса Машайактын ысымынан сыйынам, менин күйөөмдүн үстүнөн мындан ары коркунуч башкарбасын. Ылайым Сенин Сөзүң анын табиятынын ар бир клеткасына кирип, аны Сенин сүйүүң баарынан чоң, ченелгис экендигине жана аны бул сүйүүдөн эч ким ажырата албастыгына ишендирсин.
Мен Сенден суранам: ага сүйүүсү эч качан алдабаган, кудурети ченелбеген, теңдешсиз жана жанында болгондо эч нерседен коркпой турган Сендеги Атаны көрүүгө жардам берчи. Аны талкалоочу коркунучтардан куткарып, башка, Теңирден болгон коркунучка толтурчу (Жер. 32:40). Аны Сенин жолуңа салып койчу, Теңир. Ага «Сенин чындыгыңда жүрүүгө» жардам берчи. Анын жүрөгүн «Сенин ысымыңдагы коркунучта» бекемдечи (Заб. 85:11). Ал адамдардын алдында коркпостон, ишенимдүү түрдө, тайманбай: «Теңир менин жардамчым, ошондуктан мен коркпойм, адам мага эмне кыла алат?» (Эвр. 13:6), «Сенде өзүңдөн корккондор үчүн сактап койгон …жакшы нерселер көп» (Заб. 30:20) деп айта алсын.
Мен ага (күйөөңдүн аты): «Бекем бол, коркпогун. Мына, сенин Кудайың келет, Ал өч алыш үчүн келет, жазалоочу Кудай келип, сени куткарат» (Ыш. 35:4). «Сен акыйкаттык менен бекемделесиң, эзүүдөн алыс болосуң, анткени сен корко турган эч нерсе жок, коркунучтан да коркпойсуң, анткени ал сага жакын жолобойт» (Ыш. 54:14). «Түнкү коркунучтардан, күндүзгү учкан жебелерден, караңгылыкта жүргөн каргашадан, чак түштө кырган жугуштуу оорудан коркпойсуң» (Заб. 90:5-6) деп айтам. Ылайым сени «Теңирдин Руху, даанышмандык жана акылмандык руху, билим жана Теңирден коркуу руху» каптасын жана сен «Теңирден коркуу» рухуна тол (Ыш. 11:2-3).
Теңирдин периштеси Кудайдан корккондорду курчап турат, аларды куткарат.
Мен Теңирди издедим, ошондо Ал мени угуп, бардык коркунучтан куткарды.
Өлүм көлөкөсүнүн өрөөнүндө жүрсөм да, жамандыктан коркпойм, анткени Сен мени мененсиң. Сенин бийлик таягың менен койчу таягың жанымды тынчтандырат.
Коркпо, анткени Мен сени мененмин, үрөйүңдү учурба, анткени Мен сенин Кудайыңмын. Мен сени бекемдейм, сага жардам берем. Мен сени өзүмдүн адилеттигимдин оң колу менен колдойм.
Теңир менин жарыгым, менин куткаруучум: кимден коркмок элем? Теңир — менин өмүрүмдүн тиреги: кимден үрөйүм учмак эле?
Тогузунчу бөлүм
Анын максаттары
Биздин ар бирибиздин максатыбыз бар. Ошон үчүн да жашап жүрөбүз. Бул биздин миссиябыз жана таалайыбызга жазылган нерсе. Негизинен алганда, биз Кудайды даңктап жана Анын эркин аткаруу үчүн жаралганбыз. Аны жеке жашообузда кантип колдонорубуз — бул ар бирибиздин өз ишибиз. Сенин күйөөңө зарыл болгон нерсе өзүнүн жашап жүргөн максатын билип алышы; анын жашоосу — кандайдыр бир кокустук эмес экендигин түшүнүүсү, ал жер үстүндө кандайдыр бир белгиленген ойлорго ылайык жашап жатат. Ал белгилүү бир максат менен жаралгандыгына ишенимдүү болушу керек. Эгерде ал өзүнүн эмне үчүн жаралгандыгын түшүнүп жана эмне үчүн чакырылганын билип, ошону жасай турган болсо, ким болушу керек болсо, ошол боло турган болсо, анда ал жашоосунун соолгус булагын табат. Бул сени да бактылуу кылат.
Өзүмдүн чейрек кылымдык жубайлык жашоомдо мен ынанган негизги чындык — бул аял эч качан күйөөсүнө кимдир бирөө бол деп же кандайдыр бир башкача бол деп басым көргөзбөшү керек, болгону ошондой болсун деп сыйынышы гана керек. Анын колунан Кудайдан күйөөсүн башка бирөөлөргө эмес, Ага гана жага тургандай кылып өзгөртсүн деп сыйынуу гана келет. Ал эми, күйөөсүнүн кандай болушу күйөөсүнүн өзүнө гана байланыштуу. Ал Кудайга өз жүрөгүн ачкысы келеби, ага кайрылган асмандан келген үндү угабы, ал «бизди иштерибиздин негизинде эмес, өзүнүн каалоосунун жана ырайымынын негизинде куткарган, ыйык чакыруусу менен чакырып алган…» үндү угабы, «Бул ырайым бизге кылым менен белгиленген убакыт баштала электен мурун Машайак Ыйса аркылуу көрсөтүлгөндүгүн» (2 Тим. 1:9) билеби, ошого жараша болот. «…Бардыгын өз каалоосунун чечими боюнча Жасоочунун алдын ала аныктап койгону боюнча» (Эф. 1:11) сенин күйөөң Машайакта мурасчы болуп калды. Бирок сен күйөөң Кудайдын ошол чакырыгын уксун жана өзүнүн бардык иштерин Кудайдын ойлоруна жооп бергендей кылып ишке ашырсын деп сыйынуу үчүн жаралгансың.
Эгерде адам Кудайдын парыздарына ылайык жашабаса, анда анын тынчы кетип тураарын дайыма байкоого болот. Эмне экендигин так айта албаганың менен, анда бир нерсе талаптагыдай эмес экендигин сезесиң. Эгерде жаныңда өзүнүн жаралгандагы максатын аткарып жаткан киши турган болсо, андан ички ишенимдүүлүктү жана бекемдикти сезесиң. Сенин күйөөң кантип жашап жатат? Ал жашоодо максатсыз жана ындыны өчүп жөргөнү сени тынчсыздандырабы? Эгерде ошондой болсо, анда сыйын: «Теңир, менин күйөөмдү ушул абалдан чыгар, ага Сенин ойлоруңду ачып бер жана жаңы перспективаларды көрсөт» деп.
Ушинтип сыйынып койсоң эле күйөөңдүн жашоосундагы кырдаал дароо эле өзгөрүп кетет деген кепилдик берилбейт. Мындай болушу мүмкүн, бирок көбүнчө башкача болот — анын аракет, умтулуулары өзгөрөт. Менин Дейвид деген досум бар. Ал көп жылдардан бери авиазаводдо иштейт. Ал Кудайдын үнүн угуп, ага кайрылган Анын чакырыгын түшүнгөндөн кийин, ал көп балалуу үй-бүлөлөрдөн чыккан татаал мүнөздөгү өспүрүмдөргө жардам бере баштайт. Ал ошол эле убакта өзүнүн ишин да таштабаш керектигин түшүнөт. Анын айлык маянасы үй-бүлөсүн камсыздоого жетчү. Анан бөлүштүрө келгенде, анын калган убактысы жаңы ишти баштаганга жеткендей калат экен. Дейвид ушундай үй-бүлөлөр үчүн түшкү тамактарды уюштурат, социалдык жактан корголбогон өспүрүмдөр үчүн концерттерди уюштурат, куткарыла электер үчүн машайакчылык миссияларды, ал тургай бири-бирине атаандаш болгон криминалдык топтордун сүйлөшүү жүргүзүүлөрүн да уюштурат. Шаардагы жан чыдагыс абалдарды калыбына келтирүү үчүн ал мүмкүн болгон бардык нерселерди кылат. Бул өтө оор иш болгондугуна карабастан, анын жашоосунун мазмундуу болушуна шарт түзөт. Ал өзүнүн эмне үчүн жашап жатканын билет. Анын жанында туруп муну байкабай коюуга мүмкүн эмес. Сыртынан караганда ал анчалык деле күчтүү көрүнбөгөн кадимки эле адам, бирок ал — руханий эбегейсиз (гигант) адам, аны менен Ыйык Рухтун күчү. Дейвиддин аялы Присцилла анын эмне үчүн жаралгандыгын билет жана колунан келгендин баары менен күйөөсүнө жардам берет.
Күйөөңдү Кудай эмне үчүн чакырып алган болсо да, Ал сенин жашооңдун маңызын күйөөңдү колдоп турушуңдан жана анын иштерине катышууңдан көрөт. Сыйынуу менен болобу, шыктандырган сөздөр менен болобу же кандайдыр бир башка ыкмалар мененби, айтор күйөөңдү колдоп-кубаттап турушуң керек. Кээ бир аялдар үчүн жардам берүү — үйдө жагымдуу жайлуулукту түзүүдөн, балдарды тарбиялоодон, күйөөсүнө туруктуу сыйынууда колдоо көргөзүүдөн көрүнөт. Ал эми, башка аялдар күйөөсүнүн бизнесиндеги өнөктөшү же активдүү жардамчысы болушат. Кандай болгон күндө да, бул жерде өзүңдү инсан катары көргөзүшүңө Кудай мүмкүнчүлүк бербей койбойт. Эгерде сенин өзүңдү инсан катары көргөзүшүң күйөөңдүн максаттарына эч кандай каршы келбесе жана анын чакырылганына толук айкалышууда болсо, мына ушундай шартта гана Теңир өзү бул иште сени кандайдыр бир ролду аткарууга жетелеп барып коет. Кудай силер үчүн жагымсыз болгон тартипсиздиктин, чаташуунун, карама-каршылыктардын жаратуучусу боло албайт. Теңир ар бир нерсенин убактысын аныктап коет. Биздин ар бирибиз өзүбүздүн таалайыбызга жазылган нерсени, Теңир белгилеп койгон убакта гана ишке ашыра алабыз.
Эгерде сенин күйөөң Кудай анын алдына койгон максатына карай бараткан болсо, өзгөчө ал өзүнүн келечектеги ийгилигинин кандай болорун али так биле элек болсо — душман ага шектенүүлөрдү себүүдө дегеле кечикпестигинен шектенбей эле койсоң болот. Сенин сыйынууларың күйөөңдүн шектенүүдөн бошонуп, Кудайды угуусуна жардам берет жана Кудайдын жолунда бекем турууга аны үйрөтөт. Алар анын жашоосун маңыздуу кылат.
Теңирим, мен ал (күйөөңдүн атын айтып) Сенин чакырыгыңды так уксун деп сыйынам. Ал Машайакта ким болуп эсептелсе, ошол болуп жашашы үчүн ага жардам бер жана анын жашоосундагы улуу максатты ага көргөзүп бер. Сенин чакырып алгандагы максатыңды түшүнүү үмүтү анын акылын жарык кылсын (Эф. 1:18).
Теңир, Сен бизди чакырган кезиңде бизге өзүң күч бересиң. Менин күйөөмдү өзүнүн чакырылып алынгандагы максатына ылайык татыктуу болуп жашаганга үйрөт. Сен ага кандай адам болууну белгилеп койгон болсоң, аны Кудайдын ошондой адамы болууга үйрөт. Анын эмне үчүн чакырылып алынгандыгын дайыма эскертип тур жана анын Сен койгон максаттардан кыйшайып кетишине, башка нерселерге кызыгып кетишине жол бербе. Аны кул кылып албашы үчүн, ар кандай шектенүүлөрдү андан кууп сал. Аны ар кандай кырдаалдардан бийик турууга жана Сен аны кандай максат менен жаратканыңды көрүүгө үйрөт. Ага Сен белгилеп койгон убактты күтө билүүгө чыдамкайлык бер. Анын жүрөгүнүн каалоосу менен Сенин эркиңдин ортосунда эч качан ажырым болбосун деп сыйынам. Ылайым ал дайыма Сенин жол башчылыгыңды издесин жана анын жаны Сенин ар бир сөзүңдү толук кабыл алсын.
…Бирок ар бир адамдын Кудайдан алган рухий жөндөмдүүлүгү бар, бири мындай болсо, экинчиси тигиндей.
Кудай кимге эмнени белгилесе жана кимди кандай абалында чакырып алса, ошол боюнча жашасын.
Кудайыбыз силерди өзүнүн чакырыгына татыктуу кылсын деп, жакшы иштерди кылууга болгон ниетиңерди ишке ашырсын деп, ишенимден улам кыла турган иштериңерди өзүнүн күчү менен аягына чыгарсын деп силер үчүн дайыма сыйынабыз.
Теңирибиз Машайактын Кудайы, даңктуу Ата Аны таанып билишиңер үчүн силерге акылмандык берүүчү жана түшүндүрүүчү Рухун берсин деп; Ал чакырып алганда ээ болгон үмүтүңөр эмне экендигин жана Анын ыйыктарга бере турган даңктуу мурасынын молдугу кандай экендигин, ошондой эле Анын бийлиги бар күчүнүн таасири астында ишенген биздин ичибизде аракеттенип жаткан Анын кудурети канчалык ченемсиз экендигин таанып билишиңер үчүн, жүрөгүңөрдүн көздөрүн ачсын…
Сага жүрөгүң каалаганды берсин, бүт тилегиңди аткарсын.
Онунчу бөлүм
Анын чечими
Бир жолу күйөөм мага эч нерсе айтпай туруп эле бир иш боюнча келишим түзүү үчүн сүйлөшүүлөрдү баштайт. Мен ал жөнүндө иш толук күчүнө кирип калган убакта гана билдим. Ошондон баштап мен тынчтыгымды жоготуп койдум. Идея эң сонун болчу, Майклдын пландары да керемет эле, бирок мен тынчсызданган, дүрбөлөңдүү сезимден бошоно албай койдум. Канчалык сыйынганым сайын, менин кызыктай абалым ого бетер күчөй берди. Качан мен бул тууралуу күйөөмө айтканымда ал болгону: «Сен менин туура чечим кабыл алууга жөндөмдүү экендигиме ишенбейсиң» деген жоопту гана берип койду. Ал мага жасап жаткан ишин уланта берерин жана ага эч ким тоскоол боло албастыгын түшүндүргөндөй болду.
Мен сыйынгандан башка эч нерсе кыла албай калдым. Кудайга кайра-кайра кайрылып: «Теңир, мен эмнеден жаңы-лышып жатканымды көргөзчү. Мен Майклдын ишинин баары жакшы болушун каалайм, анткени идеянын өзү жакшы болуп жатпайбы. Бирок менин сезимдерим алдабай жаткан болсо, анда Майклга анын адашып жаткандыгын ачып берчи, ал келишим түзүү процессин өз убагында токтотуп койсун. Ага чындыкты ачып бер жана ылайым ал келишим түзүлбөсүн» деп суранып жаттым.
Эрте мененки саат он бир болгондо, келишимге кол коюуга бир аз эле убакыт калганда, кокус эле Майклдын көзү ачылып, экинчи тараптын келишим түзүүдөгү чыныгы ниеттеринин кээ бир жактарын көрүп калды. Теңир ага чындыкты ачып берип, келишим түзүлбөй калды. Майклга өз катачылыгын моюнга алуу канчалык кыйын болгондугуна карабастан, жагымсыздыктын аны кайып өтүп кеткенине кубанычта болду.
Бир топ убакыт өткөндөн кийин, ушул китептин үстүнөн иштеп жатып мен күйөөмдөн менин сыйынуумдун кандайдыр бир таасирин туйдуңбу деп сурадым. Ал ошондо биринчи жолу менин сыйынууларым туура нерсени тандаганга ага жардам бергендигин айтты. «Качан гана олуттуу чечим кабыл алууга убакыт жеткен кезде, мага тандаганга туура келип калды. Ошондо сенин сыйынууларың менин көзүмдү ачып, көп жагымсыздыктарды алып келе турган, шек туудурган келишимди түзүүдөн мени сактап калды», — деди ал.
Бардык эле эркектер өздөрүнүн тууралыгына ишенимдүү болушарын эске алышыбыз керек. «Адамдын бардык жолу өзүнө түз көрүнөт…» (Накыл. 21:2). Ошенткен менен Кудай гана бизге акылмандык, чындыкты калптан айырмалай ала турган жөндөмдүүлүктү берет, албетте эгерде биз Андан сурай турган болсок. Акылмандык ийгилик алып келет (Нас. 10:10) жана башкалардын тажрыйбаларынан кунт коюп үйрөнгөнгө окутат (Накыл. 15:31). Биз өз күйөөлөрүбүздүн акылдуу болгонун көргүбүз келет.
Белгилүү болгондой, акылмандыктын карама-каршысы наадандык болуп эсептелет. Ыйык Жазуу адамдын наадандыгын «өзүнө ишенгендигинде» деп көргөзөт (Накыл. 28:26), ал «акылдуу сөздөрдү» жек көрөт (Накыл. 23:9), уккусу келбейт, «өзүнүкүн гана айткысы келет» (Накыл. 18:2). Башкача айтканда, андай адам менен сүйлөшүү абдан кыйын, ал уруш-жаңжалга ийкемдүү келет (Накыл. 20:3); аны акылына келтиргенге жардам берейин дегендерге ал кыжырданып гана турат (Накыл. 14:16). Наадан адам өз кылган иштеринин арты эмне менен бүтөрүн таразалап көргөнгө жөндөмсүз, ошондуктан туура тандаганга да жөндөмсүз. Эгерде сенин күйөөң ушундай болсо, ал акылмандуулукка ээ болсун деп сыйын.
Эгерде күйөөң кээде эле туура эмес иштерди кылып койсо, анда аны ашкерелегенге аракеттенбе. Библия: «Акылмандыктын башаты — Теңирден коркуу, ыйык Кудайды таанып билүү — акыл» (Накыл. 9:10) дейт. Бул сен эмнеден башташың керек экендигин көргөзүп турат — баарынан мурда, сен күйөөңдүн жүрөгүндө Теңирдин коркунучу жашасын деп сыйын. Ал ошондо Кудай менен кеңешкенди үйрөнөт: «Кудайсыздардын кеңешмесине барбайт…» (Заб. 1:1). Эгерде сен дайыма туруктуулук менен күйөөң акылман болсун, Кудайды уга билсин деп сыйынсаң, анда ал туура эмес чечим кабыл алган кезинде деле сенин жан-дүйнөңдө тынчтык өкүм сүрөт, анткени сен өз милдетиңди аткардың, жыйынтыгында Теңир өзү бүт баарын жакшылыкка айландырып берет.
Биздин жашообуз көпчүлүк мезгилде күйөөлөрүбүз кабыл алган чечимге байланыштуу болот. Анда акылдуу болуп, күйөөлөрүбүздүн тандоосу дайыма туура болсун деп сыйыналы.
Теңирим, менин күйөөмдүн жүрөгүн Теңирден болгон коркунучка толтур, аны дайыма туура чечим кабыл алганга үйрөт. Ылайым анын жүрөгү Сага бурулуп жана Сенин чындыгыңа суусап турсун. Аны Сенин парыздарыңдын жетегинде иш кылууга жана Сенин эркиңе дал келгендей нерсени тандаганга үйрөт жана аны ойлонбой туруп аракеттенгенден сакта. Өз каталыктарын көрүп, алардан алыстасын үчүн, ага акылмандуулук бер. Өз иштеринини кандай из калтыраарын көрүш үчүн, анын көздөрүн ач.
Менин күйөөм адилеттүүлөрдүн кеңешин угуп жана үйрөнүп, өзгөрүлгөнгө даяр болсун деп сыйынам. Ылайым ал эч качан арамзалардын калптарын укпастан, Сенин гана окутууңду ардактап кабыл алсын. Мен билем, «Адам жүрөгүндө көп нерсени ниет кыларын, бирок Теңирдин белгилеп койгону гана ишке ашарын» (Накыл. 19:21). Ал дайыма туура аракеттенип, денесинин каалоосун ээрчип кетпесин үчүн, аны уктап жатканда да (Заб. 15:7), эрте менен да үйрөт. «…бул дүйнөнүн акылмандыгы» Сенин көз алдыңда акылсыздык экендигин билем, Теңир (1 Кор. 3:19). Ылайым ал эч качан бул азгырыкка багынып калбасын, анын көздөрү дайыма Сени карап турсун, ал эми кулактары Сени угууга дайыма ачык болсун.
…акылман адам кулак төшөп, билимин арттырат, акылдуу адам кеңештерди табат...
Өзүңдү акылман эсептебе, Теңирден корк, жамандыктан кач.
Акылмандыктын башталышы — Теңирден коркуу. Акылмандык менен акыл-насаатты акылы жоктор гана жек көрүшөт.
Мени чакырсаңар, бирок мен силерди укпайм. Мени таң заардан издейсиңер, бирок таппайсыңар. Анткени алар билимди жек көрүштү, Теңирден коркууну тандап алышкан жок. Менин кеңештеримди кабыл алышкан жок, менин ашкере кылганымды жек көрүштү.
Түз жолдон чыккан адам өлгөндөргө кошулат.
Он биринчи бөлүм
Анын ден-соолугу
Менин күйөөм бир нече жылдар бою өзүнүн ден-соолугуна кызыккан эмес. Мен бул тема боюнча ага бир нече жолу айткам, сүйлөшкөм, ден соолук жөнүндө материалдар жазылган журналдарды ачык, көрүнөө жерлерге таштап койгом, андан суранып жатып окуп да берчүмүн, жесир болуп калгым келбейт деп айтчумун. Бирок баары бекер болуп, анын көзү мени көрбөй, кулагы мени укпай жүрө берди. Анан бир жолу мага эң сонун бир ой келди, эгерде сыйынуулар жашоонун башка жактарында таасир этип жаткан болсо, эмне, бул жагында натыйжа бербесин? Мен өзүмдүн адаттагы тактикам болгон «унчукпай гана сыйынууга» келдим да, Кудайдан Майклды туруктуулук менен физикалык көнүгүүлөрдү жасаганга үйрөтүүсүн сурап сыйына баштадым. Сыйынуу бир нече айларга чейин натыйжасын берген жок, бирок бир жолу эрте менен коңшу бөлмөдөн кандайдыр бир үндөрдү уктум, ал жакты ачып карап айран-таң калып эле туруп калдым: күйөөм тренажердо машыгып жатыптыр. Мен ал кезде ага эч нерсе деген жокмун. Ошондон бери ал тренажердо машыгып жана жумасына үч жолу гантелдерди көтөрүп калды. Кийинчерээк ал өзүн жакшы сезип калгандыгын жана мурда эле ушинтип машыкпагандыгы үчүн өкүнүп жаткандыгын айтты. Менин тилим кычышып: «Мен сага айтпадым беле» дегенге аз эле калып, тилимди тишиме каттым. Менин сыйынуум ушундай кереметке алып келгенин Майкл азыркы күнгө чейин билбейт.
Күйөөңдүн жаш курагына жана ден-соолугунун абалына карабастан, анын ден соолугуна кандайдыр бир өзүнөн өзү боло бере турган нерсе катары карабаш керек. Ал өзү үчүн кам көрө билсин деп сыйын, ооруп калса айыксын деп сыйын. Мен айыгуу үчүн сыйынган сыйынуулардын жообун канча ирет алгам жана көп сандагы адамдардын айыккандарына күбө болгом. Ошондуктан, бүгүнкү күндө да Теңир байыркы кездегидей эле айыктырып жаткандыгына жана келечекте да айыктыра берерине менин шегим жок. «…Мен сенин айыктыруучу Теңириңмин» (Чыг. 15:26) деген Кудай так ушул тууралуу айтканына ишенем. Мен Жеремия пайгамбардын: «Мени айыктыр, Теңир, ошондо мен айыгам…» (Жер. 17:14) деген ишенимине кошулам. «Сени …жараатыңдан айыктырам…» (Жер. 30:17) деген убадага ишенем.
Ыйса «биздин кеселдерибизди өзүнө алды, ооруларыбызды алып кетти (Мт. 8:17); Ал өзүнүн шакирттерине «…ар кандай кеселдерди айыктырууга…бийлик» (Мт. 10:1) берди. Ал: «Мага ишенгендерди бул белгилер коштоп жүрөт…Колдорун оорулуулардын үстүнө коюшса, оорулуулар айыгышат» (Мк. 16:17-18). Менин оюмча, Кудай өзүнүн улуу ырайымы менен бардык убакта эле айыктыра алат; айыгууга жолтоо боло турган бир гана нерсе — ал биздин шектенгенибиз (Мт. 9:22).
Күйөөм менин сыйынуумдун өзүнө таасир этип жаткандыгын 80-жылдардын ортосунда көбүрөөк сезгендигин айтты, ал кезде врачтар бир аз катуулуктарды табышып, алардын оюнча жаман сапаттагы шишик оорусу болушу мүмкүн дешкен эле. Биопсия жүргүзүлгөн. Анализдин жыйынтыгын күтүү Майкл үчүн эң оор сыноолорго айланды, бирок кийинчэрээк анын айтканына караганда, менин сыйынууларым жаман сапаттагы шишик аныкталбаганын укканга чейин ага күч берип турган. Аны дарылашты, андан кийин эч кандай маселе болгон жок.
Биздин сыйынууларыбызга жана ишенимибизге карабастан, айыгуу маалы Кудайдын бийлигинде экендигин түшүнүшүбүз керек. «Дарылай турган убак бар…» (Нас. 3:3) деп айтылган. Эгерде сен сыйынып жатсаң, бирок эч нерсе өзгөрбөсө, өзүңдү күнөөлөбөй эле кой, анткени Теңир кээде денелик ооруну адамды өзүнө тил алчаактыкка үйрөтүш үчүн да колдонуп коет. Сыйынууну уланта бер, бирок акыркы сөздү Теңир айтаары эсиңде болсун.
Кимдир бирөөнүн өмүрүн сактап калууга сыйынганда деле ушуга окшош болот, анткени адамдын жер үстүндө канча жашаарын биз белгилебейбиз.
Ыйык Жазууда айтылгандай, «өлө турган убак бар» (Нас. 3:2), бирок ал убакыт качан келерин биз эмес, Кудай чечет. Биз болгону, буга баш ийишибиз керек. Биз сыйына алабыз, бирок Ал чечет. Бул укук Анда гана экендигин биз наалыбастан моюнга алышыбыз керек. Күйөөңдүн ден соолугу үчүн сыйына бер, бирок иштин жүрүшүн чечүүгө Кудай гана укуктуу экендигин моюнга ал.
Теңирим, мен Сага өзүңдүн айыктыруучу колуң менен ага (күйөөңдүн аты) тийип койчу деп сыйынам. Ылайым Сенин ойлоруңа ылайык, анын дене мүчөлөрүнүн баары саламат болсун. Жабыркаган жерлеринин баарын калыбына келтир, аны ар кандай оорулардан айыктыр жана ар кандай кеселдерден куткар. Өз иштерин ийгиликтүү аткарышы үчүн анын ден-соолугун чыңда; ал дайыма жаңы күчкө толуп, уйкусу канып, эс алып, сергек ойгонушу үчүн, анын уйкусу бейпил, тынч болсун. Ага ден соолук жана күчтүү жүрөк бер.
Анда өзүнүн денеси үчүн кам көрүүгө дайыма каалоо болсун, туура тамактансын, денелик көнүгүүлөр менен туруктуулукта машыксын жана ага зыяндуу болгон бардык нерседен оолак болсун. Анын денеси Кудайдын ыйбадатканасы экендигин, ал ошондуктан денесин сактоого милдеттүү экендигин түшүнүшүнө ага жардам бер (1 Кор. 3:16). Мен ал өз денесин тирүү, ыйык жана Сага жага турган курмандык катары бериши үчүн сыйынам (Рим. 12:1).
Ал ооруп калган кезинде айыктыр жана аны колдоп тур деп Сенден суранам, Теңирим. Аны өз кубанычыңа толтуруп, күч бер. Мен өзгөчө бул тууралуу (көйгөйдү так атап айт) сыйынам. Ылайым ал: «Теңирим, Кудайым! Өзүңдү чакырганымда, мени айыктырдың» (Заб. 29:3) деп айткандай болсун. «Ыраазымын Сага Теңир, анткени Сен менин дарыгеримсиң» деп айта турган Сендеги ишенимге ээ болсун. Менин күйөөм узак, бактылуу өмүр сүрсүн деп сыйынам. Ал эми өлөөр маалы келгенде, анын жан-дүйнөсү тынчтыкка толуп, өлүм жеңил болуп, эч кандай агониясыз, азап чегүүсүз болсун. Мен Сага ыраазымын Теңир, Сен аны өз Падышачылыгыңа кабыл аларың үчүн. Бирок бир гана суранаарым, ылайым ал учур Сен белгилеген убактан бир мүнөт да эрте болбосун.
Менин жаным, Теңирди даңкта, Анын бардык жакшы иштерин унутпа. Ал сенин бардык мыйзамсыз иштериңди кечирет, сенин бүт ооруларыңды айыктырат.
Алар кыйналганда, Теңирди чакырышты, ошондо Теңир аларды кыйынчылыктарынан куткарды. Ал өз Сөзүн жиберип, аларды айыктырды, аларды өздөрүнүн көрүнөн куткарды.
...Мен сенин сыйынууңду уктум, көз жашыңды көрдүм. Мен сени айыктырам…
Ошондо сенин жарыгың таң шооласындай төгүлөт, айыгууң тез арада келет, чындыгың алдыңда жүрөт, Теңирдин даңкы сени коштоп жүрөт.
Мен аны дарылап айыктырам, куткарам, сакайтам, аларга мол тынчтыкты жана чындыкты ачып берем.
Он экинчи бөлүм
Анын коопсуздугу
Жоокерлер согуш талаасындагы укмуштуудай коркунучтуу мүнөттөрдө кереметтүү түрдө аман калышкандыктары жөнүндө, көрсө ошол мезгилде алардын жакындары сыйынышкандыгы тууралуу кийин билишкендиги жөнүндө биз канча жолу укканбыз. Биздин күйөөлөрүбүз күн сайын «согуш талаасында» жүрүшөт. Коркунучтуу нерселер аларды бар тараптарынан курчап турат. Душман аларга авария, оору, зомбулук түрүндөгү жок кылуучу кандай тузактарды жайып койгондугун Теңир гана билет. Аларды кырсык аңдып жүрбөгөн жер жок, ал тургай өз үйүбүздө да коркунучтар аңдып турат. Бирок Кудай: «Кудайсыз адам адил адамдын артынан аңдып, аны өлтүрүүнүн жолун издейт. Бирок Теңир адил адамды анын колуна бербейт…(Заб. 36:32-33). Ал «Ага таянгандардын» (Заб. 30:5) калканы болоорун айткан. Ал ошондой эле, биздин күйөөлөрүбүздүн да калканы боло алат, анткени биз ишеним менен сыйынып жатабыз жана Теңирге, биздин Коргоочубузга болгон биздин ишенимибиз күчтүү.
Мен дайыма күйөөм жана балдарым машина менен бир жакка барышканда, алардын ден соолуктары үчүн сыйынам. Бирок бир жолу эрте менен, Майкл кичүү уулубузду машина менен мектепке алып кеткенден кийин эле үйдөгү телефондун коңгуроосу угулуп калды. «Азыр эле жол кырсыгына дуушар болдук, — деди күйөөм, — бирок биз эч нерсе болгон жокпуз, баары эле жакшы».
Мен ошол замат кырсык болгон жерге жетип бардым. Кудайга алкыш, Ал менин жакындарымды канча жылдан бери Андан суранып келгеним боюнча сактап калыптыр. Ал жакка келгенден кийин мен машинанын түрүн көрүп, же тактап айтканда андан эмне калганын көрүп, үрөйүм уча таң калдым. Эч качан менин бейкуттугум менен ишенимиме дал келбеген Майклдын кичинекей спорттук машинасы чоң бир жүк машинасынын тебелендисинде калып жана жолдун четиндеги бетондон болгон тосмо жакка ыргып кетиптир. Аны оңдоого да такыр мүмкүн эмес болчу. Аны кийинчерээк коопсуздук компаниясы да далилдеди. Майкл менен биздин уулубузду ушундай коркунучтуу, тири шумдук жол кырсыгынан бир гана Кудайдын коргоочу колу сактап калгандыгын билдим. Күйөөм менен уулумдун бүт жерлери көгала жана тытылган, айрылган эле. Олуттуу түрдөгү сыныктар болушу, ал тургай өлүп калыштары дагы мүмкүн болчу. Бирок, Теңир гана менин сыйынууларыма жооп берип жана менин жакындарымды сактап калгандыгына бекем ишенем (ошондой эле, менин сыйынууларым күйөөмө таасир этип, ал дагы бир спорттук машина сатып алуудан баш тартат деп үмүттөнөм).
Биздин сыйынуу тобундагы аялдар күйөөлөрү үчүн, алардын авиажолдордогу учуулары, автомобилде жүрүүлөрү, жумушта же жөн эле көчөдө жүргөндөрү үчүн да сыйынышат. Биз сыйынып жатканда так бир кооптуулукту айтып деле сыйынбайбыз, болгону Теңирден күйөөлөрүбүздү ар кандай жамандыктан сакта деп сыйынабыз. Теңир убада кылган: «өз периштелерине сени бардык жолдорунда коргоп жүрүүнү буйруйт. Бутуңду ташка уруп албашың үчүн, алар сени колдоруна көтөрүп кетишет» (Заб. 90:11-12). Бирок кырсык деген ишенген адамдардын жашоосунда да болот, болгондо да дайыма кокусунан, күтүүсүз келет. Ошондуктан, дайыма күйөөң үчүн сыйын, анткени сен качан жана кайсы жерде, кайсы «согуш тааласында» ага сенин сыйынууң керек болуп каларын билбейсиң. Эгерде бирдеме болуп кеткен кезде деле, сен Теңирди ошол окуянын эң орчундуу жерине келүүгө чакырганың менен соороно аласың.
Теңирим, мен Сага аны (күйөөңдүн аты) ар кандай кырсыктан, жол кырсыгынан, оорудан жана жамандыкка кириптер болуудан сакта деп сыйынам. Аны автомобилдеги, самолеттогу кооптуулуктан корго, аны зордук-зомбулуктан жана ниети жаман адамдардын жамандыгынан сакта. Ал кайсы жерде баратса да, буттарын жамандык жактан буруп кет. Буттары тайып кетпесин үчүн (оңго да, солго да бурулбасы үчүн) аны өз жолдорунда бекемде (Заб. 15:16). Эгерде ошондой болуп кеткен учурда да, аны өз ырайымың менен колдо (Заб. 93:18). Ага кооптуу нерсени айырмалай билгенге акылмандуулук бер жана ага коопсуз жолдор менен жүрүүгө жардам бер (Накыл. 3:21,23). Анын тиреги, калканы жана чеби бол (Заб. 17:2-3). Аны Өзүңдүн канаттарың менен калкала (Заб. 90:4), ал жыгылбашы үчүн анын аска-зоосу, баш паанасы жана куткаруучусу бол (Заб. 61:7). Ага жамандык жолобосун деп сыйынам (Заб. 90:7). Аны өлтүргүсү келген душмандан жашырып кал (Заб. 102:4), азыр жана түбөлүккө аны «чыкканында да, киргенинде да» сакта (Заб. 120:8).
Бардыгынан жогору турган Кудайдын үйүндө жашаган, кудуреттүү Кудайды далдаа кылган адам Теңирге: «Мен таянган Кудай менин баш калкалар жайым, менин чебим!» — дейт.
Анткени башыма мүшкүл түшкөн күнү Ал мени чатырына жашырат, өзүнүн турагынын жашыруун жерине жашырып коет, мени аскага чыгарып жиберет.
Өлүм көлөкөсүнүн өрөөнүндө жүрсөм да, жамандыктан коркпойм, анткени Сен мени мененсиң. Сенин бийлик таягың менен койчу таягың жанымды тынчтандырат.
Теңир менин тирегим, баш паанам, куткаруучум; Кудайым менин аска — зоом. Мен Ага гана таянам. Ал менин калканым, куткаруучу мүйүзүм, таянычым.
Өзүңө таянгандарды Өзүңдүн оң колуңа каршы чыккандардан куткарган Кудай, Өзүңдүн кереметтүү ырайымыңды көрсөт. Мени көзүңдүн карегиндей сактай көр, канатыңдын астында калкалай көр.
Он үчүнчү бөлүм
Анын сыналышы
Ар кимдин эле башына оор учурлар келет. Кээде биздин сыйынууларыбыз бизди кандайдыр бир жагымсыз нерселерден сактайт, кээде андай эмес. Жалпысынан алып караганда бул биздин башыбыздан өтүп жаткан нерсеге карата болот. Эгерде биздин жүрөгүбүздү кыжырдануу менен ачуу ыза толтуруп турган болсо, биз дайыма эле өзүбүздүн жагымсыз абалыбыз үчүн наалып, Кудайды күнөөлөй беребиз, иш оңунан чыкпайт. Эгерде сыноолорго карабастан, Кудайга ыраазычылык билдирип жана Ага даңкты бере берсек, Ал бардык жамандыкты жакшылыкка айландырып берет. «Бир туугандарым, башыңарга келген ар кандай сыноолорду зор кубаныч менен кабыл алгыла. Анткени сыналган ишенимиңер чыдамкайлыкты жаратарын билесиңер» (Жкп. 1:2-3).
Эгерде ал ошол нерсени башынан кечириши керек болсо, аялы сыйынуу менен эле күйөөсүнүн жашоосундагы кырдаалдарды өзгөртүп жибере албастыгы толук мүмкүн. Эгерде биздин жашообузда таптакыр эле кыйынчылыктар болбой калса, анда биз кандай майдачыл, ырайымсыз, кежир жанга айланып каларыбызды элестетип көрсөңөр. Бирок, сенин сыйынууң күйөөңө: оптимисттик абалда болууга, анын жүрөгүндө тынчтыкты сактоого, чыдамкай жана ыраазы болгон абалда калууга жардам берет. Ошентип, анан аны туура эмес чечимдерди кабыл алуудан сактайт.
Менин Жен деген курбумдун башынан абдан оор сыноолорду өткөрүүгө туура келген: анын күйөөсү Дейвди уулуу жөргөмүш чагып алгандан кийин, узак убакыттар бою өлүм менен өмүрдүн ортосунда жатып калган. Бул мезгил алардын экөөсү тең үчүн өтө оор болгон. Мындай абал бир жылдан ашык убакытка чейин созулуп, Дейвге бир нече жолу биринин артынан бири келген оордоп кеткен учурлар менен күрөшүүгө туура келген. Жубайлардын жакында эле башка штатка көчүп келгендиктери, туугандарынан, досторунан алыс тургандыктары да абалды ого бетер татаалдаштырып жиберген. Медициналык эбегейсиз эсептерди төлөө да алардын финансылык абалдарын абдан татаалдаштырып салган. Анан ушунун баары кантип ачууланууга жетишерлик себеп болбосун. Ошентсе да, алар күч-кубаттын булагы Кудайда экендигин көрүп, Ага сыйынып жана Ага ыраазычылык билдирүүнү токтотушкан жок. Дайыма тынчы кетип, көз жашка жуунуп турган абалында да Жен жалбара сыйынуусун токтотпой, күйөөсү ушул күрөштө жеңилип калбасын деп, рухта бекемделип, бутуна туруп кетсин деп суранып жатты. Аларды Кудай өзү колдоп турду, Дейв айыгып кеткенден кийин алар Кудайга көптөгөн түшүмдөрдү алып келишти. Бүгүнкү күндө алар экөө тең өз жыйындарында Кудайга кызмат кылышат жана алардын үч баласы да бекем ишенгендер, алар да өздөрүнүн эң сонун таланттары менен Кудайды даңкташат. Алардын жашоосу Кудайдын ырайымынын күбөлүгү болуп саналат жана алардын башынан өткөн сыноо алардын мүнөздөрүнө жана дүйнөгө болгон көз караштарына эң чоң таасирин тийгизди деп айтсак болот.
Кудайга кызмат кылып жаткан кезибизде, биз аны сезген сезбегенибизге карабай, Анын сүйүүсү эң бир туңгуюкта калгандай, жалгыз калган жана жашоонун оор учурларына кезиккен абалдарыбызда да бизди курчап турат. Бизге жаман болгон учурлардын баарында Ал биздин жаныбызда болот; эгерде биз эле Ага сыйынып жана Андан коргонуу издеп турсак, Ал дайыма жагымдуу жакшылыктарды жаратып турат. «Анын үстүнө, Кудайды сүйгөндөргө, Анын каалоосу боюнча чакырылгандарга бардык нерсе жакшылыкка болорун билебиз» (Рим. 8:28). Биз өзүбүздүн көз каранды эместигибизди жана текеберденген «менибизди» ташташ үчүн азаптардан өтүп жатып Анын алдында момун болууга үйрөнгөнүбүз Ага жагат; Ал бизден чыныгы Кудайдын адамдарын: бирөөгө жан тарта билген, чыдамкай, руханий жактан күчтүү, Анын даңкында өсүп бараткандарды көргүсү келет. Биз Анын сүйүүсүнө, Анын ар кандай кыйынчылыктарда бизге жардам берүүгө даяр тургандыгына ишенүүгө үйрөнүшүбүз үчүн, Ал бизге азаптарды жиберет.
Бизди убагында толтурган ачуу-ыза, оору, өзүн жоготуу жана түшүнө албастыктарга карабастан, Майкл экөөбүз чогуу баштан өткөргөн азаптар бизди Кудайга жакындаткандыгын ишенимдүүлүк менен эле айта алам. Бирок, өтө оор учурлар келгенде биз Кудайга көшөрө сыйындык жана ушуну менен Кудай жолунда биздин рухта бекемделгенибизди жана ишенимибиздин өскөндүгүн байкадык. Ал эми, биз туура кылып жаткан учурларыбызда биздин өз ара сүйүүбүз бекемделип жатты.
Эгерде сенин күйөөң сыноодон өтүп жаткан болсо, өз милдетиңди аткарып ага сыйын, бирок анын оор жүгүн өз желкеңе көтөрүп алба. Анткени, мындай кылуу болгону күйөөңдүн рухун алсыратып коет жана ага жеңилип бараткандай сезимдерди алып келет. Мындан тышкары Кудай сен Анын эркинин аткарылышына тоскоол болушуңду, Ыйык Рухтун ордун алмаштырууга аракеттенгениңди каалабайт. Күйөөңдүн азап чегип жатканын көрүү канчалык оор болгондугуна карабай, сенин окуянын жүрүшүнө кийлигишкенге акың жок. Кудай өзүнүн кандайдыр бир максаттары үчүн бизге сыноолорду жиберет, ошондуктан сен, Анын жолуна туруп албашың керек. Сенин милдетиң күйөөңдү шыктандырып жана колдоп туруу гана.
Эгерде күйөөң финансылык кыйынчылыктарды, ооруну, жеңилүүнү башынан өткөрүп, жумушунан ажырап, үй-бөлөдө кризис болуп жатса; анын жашоосунда көптөгөн жагымсыз нерселер болуп, адамдар менен болгон мамилелердин чыңалышынан ыза болуулар анын жашоосун ууландырып жаткан болсо, анда Ыйык Рухтан анын жашоосуна кирип жана аны өзгөрт деп суран. Кудайдын улуу убадаларынын көрүнүшүнө күйөөңдүн көңүлүн бурууга аракеттен; эгерде биз Теңирден келген сыноолорду татыктуулук менен жеңип чыксак, анда биз ээ боло турган Кудайдын даңкы менен салыштырганда, биздин азыр тартып жаткан азаптарыбыз эч нерсеге турбай калат деп ага эскерт. «Анткени келечекте биздин ичибизде ачыла турган даңкка салыштырганда, азыркы учурда тартып жаткан азаптар эч нерсе эмес деп ойлойм» (Рим. 8:18). Аны апостол Павелдин: «Мага күч-кубат берген Ыйса Машайак аркылуу бардыгын кыла алам» (Флп. 4:13) деген эң сонун сөзү менен колдоп тур.
Азыркы тартып жаткан азаптары да, келечекте келе турган сыноолор да аны Теңирдин сүйүүсүнөн ажырата албастыгына шектенбесин жана күйөөңдүн Кудайга болгон ишеними күчтүү болсун деп сыйын. «Анткени Кудайдын Теңирибиз Машайак Ыйса аркылуу көрсөткөн сүйүүсүнөн бизди өлүм да, өмүр да, периштелер да, жогоркулар да, күчтөр да, азыркы учур да, келечек да, бийиктик да, тереңдик да, жаратылган эч бир нерсе ажырата албастыгына толук ишенемин» (Рим. 8:38-39). Демек, Кудайдын сүйүүсүнөн аны эч нерсе бөлө албай турган болсо, канчалык кыйын болгондугуна карабай, анда дайыма үмүт болот.
Сыноолор тазалаган от менен жууган суудай болуп таасир этет. Сен күйөөңдүн күйүп кетишин же чөгүп кетишин каалабайсың да, анткени «мунун бардыгын бизди сүйгөн Кудайдын күчү менен жеңебиз» (Рим. 8:37). «Акырына чейин чыдаган адам куткарылат» (Мт. 24:13). Сенин күйөөң өз сыйынууларына Теңирден жооп күтүп, ишенимде бекем турушу керек. Теңирдин жообу болсо аны жалмап кетчү өрт жалынынан да, жүрөктүн үшүн алган терең суу ийриминен да куткарып калат.
Теңирим, менин күйөөмдүн тартып жаткан азабынын канчалык тереңдигин Сен гана билесиң. Ал өз мойнунда көтөрүп турган оор жүктү көрүп турасың го. Мен Сенин эркиңе каршы чыккым келбейт, бизди Сен сынап жатканыңды билем; менин бир гана кааларым, менин күйөөм ушул күрөштөн жеңүүчү болуп чыгышы.
Теңир, Сен биздин баш калкалар жайыбыз жана күчүбүз, кыйынчылык учурунда тез жардам берүүчүбүзсүң (Заб. 45:2); Сен бизге «…жардам керек болгон убакта Анын мээримин көрүп, Андан ырайым табыш үчүн, ырайым тактысына кайраттуулук менен жакындоого» мүмкүнчүлүк бердиң» (Эвр. 4:16). Мен Сенин тактыңдын алдына менин күйөөмө мол батаңды төгүп бер деген сураныч менен келемин. Күрөшүү үчүн анын жанын бекемде жана ага чыдамкайлык бер. Ылайым ал дайыма, бардык нерседе Сага таянсын (Заб. 26:1-4). Ага эч нерсеге карабастан бекем жана эр жүрөк болууга жардам бер. Ага ар убакта «үмүт менен кубанганга, кыйынчылыкка туруштук бергенге, туруктуулук менен сыйынганга» (Рим. 12:12) жардам бер. Ага өз өмүр жолун басып өтүүдө аргасы түгөнгөндөй абалга келбешине жардам бер, анткени Сен: «адил адам жети жолу жыгылат, бирок кайра турат.» (Накыл. 24:16) деп жатасың. Ылайым ал дайыма «Эгерде адамдын жолу Теңирге жакса, Ал аны бекемдерин» (Заб. 36:23) унутпасын.
Мен ал Сага таянсын деп жана «кыйынчылык артта калганга чейин…» (Заб. 56:2) Сен анын коргоосу болоруңа ишенсин деп сыйынам. Ал Сенин жообуңду күтө билсин, анткени «Теңирден үмүттөнгөндөр кайрадан күчкө толушат, бүркүттөй болуп канаттарын көтөрүшөт, чуркашат, бирок чарчашпайт, жөнөшөт, бирок алсырашпайт» (Ыш. 40:31). Мен анын кайрылганын Сен угушуң үчүн жана аны бардык азаптарынан куткарышың үчүн, ал күчтү Сенден алсын деп сыйынам (Заб. 33:7).
Мына ошондуктан азыр ар кандай сыноолордон бир аз кыйналышыңар керек болсо да, ошол үмүт менен кубангыла. Анткени сыналган ишенимиңер от менен тазаланса да, жок болуп кетчү алтындан баалуу. Ыйса Машайак келгенде сыналган ошол ишенимиңер силерди мактоого, урмат-сыйга, атак-даңкка ээ кылат.
Өз түйшүктөрүңдү Теңирге тапшыр, ошондо Ал сени колдойт. Ал адилеттүү адамдын олку-солку болуусуна эч качан жол бербейт.
Ал эми мен Кудайды чакырам, ошондо Теңир мени куткарат. Эртең менен да, түштө да, кечинде да жалынып жалбарам, ошондо Ал менин үнүмдү угат.
Сен менин башыма оор кайгыны көп салдың, бирок кайрадан тирилтип алдың, жердин түбүнөн кайра чыгардың. Сен мени көтөрүп тургансың, мени сооротуп тургансың.
Он төртүнчү бөлүм
Анын адеп-ахлактык принциптери
Адамдын чыныгы жүзү анын артынан аңдыган эч ким жок экендигине ишенген учурда ачылат. Кандай кырдаал болсо дагы, айланада эмнелер болуп жаткандыгына карабастан, чыккынчылык кылууга мүмкүн болбогон адеп-ахлактык принциптер тууралуу сөз болмокчу. Бул чынчылдыктын, адептүүлүктүн жана ар-намыстын өзгөрүлгүс жана эң жогорку деңгээли. Адеп-ахлактык принциптерди сактоо — демек, адамдар бизге кандай мамиле кылышын кааласак, өзүбүздүн да башкаларга ошондой мамиле кылышыбыз.
Адеп-ахлак жагынан бүтүндүккө ээ болгон адамдын сөзү дайыма мааниге ээ. Ал өзүнүн чыныгы ниетин жашыруу үчүн сөз менен ойнобойт; андай адамдын «ооба» дегени дайыма ообаны билдирет, «жок» дегени дайыма жокту билдирет, анткени «…булардан башкасы амалкөйдөн» (Мт. 5:37). Мындай адам кимдир бирөөгө жагыш үчүн эки жүздүүлүк оюнун ойнобойт, анткени анын максаты — чындык жолунда туруп, Кудайга жагуу. Коомдо чоң салмакка ээ болгон менен, адамдар жогору баалаган нерсе бирок Кудайдын алдында жийиркеничтүү болуп калышы мүмкүн (Лк. 16:15).
Адеп-ахлактуу адам «зыян тартып каларына карабай, берген антынан танбайт» (Заб. 14:4). Ал өзү жабыркап калгандыгына карабастан, берген сөзүн дайыма аткарат. Ал тургай, өзү үчүн эң бир жагымсыз учурларда да, ал солкулдабастан өз көз карашында турат. Ал үчүн чындык баарынан жогору турат, ошондуктан анын шартсыз чынчылдыгына ишенсеңер болот. «Түз жүргөн адам коопсуз жашайт…» (Накыл. 10:9), анткени анын адеп-ахлак жагынан туруктуулугу аны сактайт жана ал Кудайдын бет алдында турат (Заб. 40:13).
Мен өзүмдүн күйөөмдү так ушундай адам деп айта аламын, анткени ал көп жолу нравалык тандоо зарылдыгынын алдында туруп калган кездеринде, өзү чындык деп эсептеген көз карашында бекем тура алчу. Бул албетте ага кымбатка түшчү. Мен дайыма ал баарын туура кылсын деп сыйынам. Менин сыйынуумсуз ал башкача кылып койбошу үчүн эмес (менин ага карата кылган кепилдигимсиз деле ал өзүн өзгөртүп жибербешине ишенем), менин сыйынууларым ар дайым кыйын мүнөттөрдө ага колдоо көргөзүп, кандай кырдаалдарга туш болгонуна карабай, алардан татыктуу чыгып кетишине жардам берсин деп сыйынам. Библия: «Адил адам түз жүрөт, анын артында калган балдары бактылуу» (Накыл. 20:7) деп айтат. Биздин балдарыбыз өздөрү сезишпегени менен, өз аталарынан эң жогорку адеп-ахлактык принциптерди сөзсүз мурастап алышат. Алар атасынын бүтүндөй моралдык кейпи сакталып турган баталарды мурастап ала алышат. Мен дайыма балдарыбыз да өз балдарын жаштайынан намысын сактоого үйрөтсүн деп сыйынам.
Адеп-ахлактык тазалык жүрөктө жаралат. Адам ички дүйнөсүндө кебелбес болуш үчүн, баарынан мурда ошону каалаш керек. Мындай чечимди адам өзү ыктыярдуу түрдө кабыл алышы керек, ошентсе да сен күйөөңдү сыйынуу менен колдой аласың. Күйөөңө анын көзүн караңгылатып жана ар кандай жолдор менен аны туура чечим чыгаруудан алыстатып кетүүгө аракеттенген душмандын чабуулдарына каршы турууга сыйынууң менен жардам бере аласың. Күйөөң туура чечим чыгарууну тандагандан кийин деле жамандык аны азгыра берет, анан ошондо сенин сыйынууларың ага шектенүүдөн жана солкулдоодон сактаган калкан болуп, ал тургай өзү менен өзү жалгыз калган учурда да ага чындык жолу менен барууга күч берет.
Теңирим, менин күйөөмө Сенин буйругуң боюнча ал кандай болушу керек болсо, ошондой нравалык бүтүндүктөгү адам болууга жардам бер. Ага дайыма ооба деп айтыш керек болгондо «ооба» дегенге, жок деп айтыш керек болгондо «жок» деп айтканга күч бер. Ага дайыма өз ишениминде бекем турууга, бул дүйнөнүн басымы астында ийилбегенге, «дайыма үйрөнгөнү менен, эч качан чындыкты таанып биле албаган» (2 Тим. 3:7) адамдарга окшошпогонго жардам бер. Ылайым ал аны акылмандуулуктун үнүнө кулак салган жана аны Сенин жолуңда бекемдеген чындыктын Рухуна толсун.
Ага чындык менен жашаган адам болууга жардам бер. Ага дайыма Сенин чындыгыңдын Рухунда жүрүүгө жардам бер (Жкн. 16:13). Кайгы учурунда аны көтөрө билиши үчүн, ага дайыма чындыкты күбөлөндүргөнгө жардам бер. Ага өз каталыктарын тайманбастан моюнга алууну үйрөт, анткени Сен: «Эгерде күнөөбүз жок деп жатсак, анда өзүбүздү өзүбүз алдап жатабыз жана бизде чындык жок. Эгерде күнөөлөрүбүздү мойнубузга алып, ачык айтсак, ишенимдүү жана адилеттүү Кудай күнөөлөрүбүздү кечирет жана бизди бардык адилетсиздиктен тазалайт» (1 Жкн. 1:8-9) дегенсиң. Аны ар кандай алдамчылыктан сакта жана анын жүрөгүн ар кандай калптан буруп кет. Ылайым аны «ырайым менен чындык таштабасын, ал «Кудайдын жана адамдардын алдында ырайым табышы» үчүн, аларды анын мойнуна байлап, жүрөгүнүн лоокторуна жазып кой» (Накыл. 3:3-4).
Бай болуп терс жолдо жүргөнгө караганда, кедей болуп күнөөсүз жашаган жакшы.
Куулугу жок адамдарды чынчылдыгы жетектейт, ал эми жүзү караларды амалкөйлүгү өлтүрөт.
Мага чынчылдыгым, күнөөсүздүгүм боюнча өкүм чыгар.
Оо Теңир, мага калыстык кыл, анткени мен айыпсызмын. Сага таянам, солк этпейм.
Актыгым менен адилеттигим мени сактап келет, анткени мен өзүңө таянам.
Он бешинчи бөлүм
Анын абройу
Коммуникация эң эле тез өсүп жаткан биздин убакта жана массалык маалымат каражаттарында жакшы ат деген аялуу нерсени сактап калуу оңойго турбайт. Адамдын жашоосунда атынын булганып калышына анын туура эмес убакта, туура эмес жерде болуп калышы эле жетиштүү болот.
Адамдын абройуна жеңил ойлуулук менен мамиле кылууга болбойт. «Көп байлыкка караганда жакшы аттуу болгон артык…» (Накыл. 22:1) жана «жакшы ат жыпар жыттуу майдан артык» (Нас. 7:1). Аны баалап жана сакташ керек, өз абройун барктабаган киши, өзүнө карата болгон ишенимди жоготуп коет. Биздин абройубуз өзүбүздүн туура эмес жүрүм-турумубуздан, биз мамилелешкен адамдардын аракетинен же биздин дарегибизге барк албай айтылган сөздөрдөн улам жабыркашы мүмкүн. Анткен менен, бул окуялардын ар биринде жамандык аракеттенип жатат. Силердин пайдаңарга чечилбеген соттун чечими, ушактардын толкуну, туура эмес мамиле, гезиттеги кадыр кетирген материал же 15 мүнөттүк ыпыластык менен жалаа жабуулардын баары, силер өмүр бою чогултуп келген абройуңарды заматтын ортосунда төгүп салышы мүмкүн. Мунун баарынан кутулуунун ыкмасы — сыйынуу.
Менин күйөөмдүн же анын тааныштарынын сөздөрү гезит беттеринде такыр таанылгыстай болуп бурмаланып жарык көргөн кездерде ага оңой эмес учурларды баштан өткөрүүгө туура келген. Мындай жала жабуунун опурталдуулугун түшүнүп биз ошол статьяларга тиешеси бар адамдарга чындыкты айтып берүү үчүн чалып калдык. Албетте, биз баарына чалып жетишкен жокпуз, бирок биздин аракеттерибиз жетишерлик болсун жана Кудай ушунун баарына чекит койсун деп сыйындык. Анан атайын уюштурулган бул жаңжал 1-2 күндө эле өзүнөн өзү басылып калды. Бирок баары мындан жаман болуп бүтүп, ушактын сели бизди жалмап кетиши да мүмкүн болчу. Мен сыйынуубузга жооп берген Кудайдын күчү бизди сактап калганына ишенем.
Ыйык Жазуу жакшы аялдын күйөөсү кадырлуу адам, «дарбаза алдында уруу аксакалдары менен отурат» (Накыл. 31:23) дейт. Бирок, дайым эле ушундай болобу? Жакшы аялдын күйөөсүнө дайым эле жакшы кадыр-барк сөзсүз кепилдик менен берилеби же буга аялдын да кандайдыр бир тиешеси барбы? Чынында эле аялы Кудайдын парыздарын ээрчиген күйөө урмат-сыйга татыктуу, анткени анын сыйынуулары күйөөсүнө аброй алып келгенге жана күйөөсүнүн жакшы атын колдоп турганга түздөн-түз таасирин тийгизет.
Сен күйөөңдүн абройу үчүн сыйынууну токтотпошуң керек, ошентсе да, ал эркин адам экендигин унутпа. Эгерде ал Ыйык Рухтун жетегине көңүл бурбаса, анда тил албастыкка жетеленип, кырсыкка кабылышы мүмкүн. Эгерде мезгил-мезгили менен ошондой болуп кетип жатса, эгерде анын кадырына доо кетип жатса, бул кырдаалды өзгөртүп берсин деп Кудайга сыйын. Анткени, Теңирдин буларды да кылууга күчү жетет.
Теңирим, менин күйөөмдүн абройуна доо кетпесин деп сыйынам. Адам тууралуу пикирлер көбүнчө «аны мактаган ооз» (Накыл. 27:21) аркылуу калыптанаарын билем, мен күйөөмдү адамдар урматтап жана ал тууралуу жакшы пикирде болуштарын каалайм. Сен өзүңдүн Сөзүңдө: «Жөн жерден айтылган каргыш…орундалбастыгы» ( Накыл. 26:2) тууралуу айткансың. Ал жөнүндө жаман айтууга эч качан, эч кимдин негизи болбосун деп сыйынам. Аны ар кандай соттук талаштардан жана доогерчиликтен сакта. Теңир, аны ниети таза эместерден сакта. Аны ага каршы чыккандардан корго (Заб. 58:2). Аны менен күрөшүүгө умтулуп жаткандарды токтотуп кой (Заб. 34:10). Биз Сага таянабыз, Теңир. Ылайым биз эч качан уятка калбайлы (Заб. 70:1). «Эгерде Кудай биз тарапта болсо, бизге ким каршы чыга алат?» (Рим. 8:31).
Сен: «Жакшы дарак жаман жемиш бербейт, ал эми жаман дарак жакшы жемиш бербейт. Жакшы жемиш бербеген ар бир дарак кыйылып, отко ыргытылат» (Мт. 7:18-19) деп айткансың.
Аны душмандардан корго, адилетсиздердин кеңешинен оолактат, ал үчүн коюлган бардык тузактардан аны сактап алып чыгып кет (Заб. 30:5), аны чагымчылыктын жана ушактын жамандыгынан сакта. Аны ушактагысы келген ооздорго өзүңдүн тазалоочу отуң менен келип тий. Ага жамандык каалагандардын баарынын айыбы ачылып, уятка калышсын, шылдың болушсун жана ага жамандык каалагандар артка кайтышсын (Заб. 39:15). Ылайым ал Сага таянып, жамандыкты каалаган адамдардан коркпосун (Заб. 55:12). Анткени Сен, Сага таянгандар уятка калбастыгы тууралуу айткансың (Рим. 10:11). Аны жетеле, жетекте жана ага таяныч, баш паана бол. Ылайым анын жарыгы адамдардын алдында жаркырап турсун. Алар анын жакшы иштерин көрүп, Сени даңкташсын, Теңир (Мт. 5:16).
Мени бузукулардын арам ойлорунан жана зулумдардын козголоңунан жашыр. Алар тилдерин кылычтай курчутуп, заар сөздөрүн желедей тартып турушат. Күнөөсүздү жашыруун атып өлтүрүшөт, аны күтүлбөгөн жерден атышат, коркуп да коюшпайт.
Мен уятка калбайм, Теңир, анткени Сени чакырып жатам. Кудайсыздар болсо уят болушсун, алардын үнү өлгөндөр жаткан жайда басылсын. Адил адамдарга текебердик менен, жек көрүү менен жалаа жаап, жалган сүйлөгөндөр тилден калышсын.
Мен үчүн кордук көрсөңөр, Мен үчүн куугунтукталсаңар, Мен үчүн жалган жалаага калсаңар, бактылуусуңар. Кубанып шаттангыла, анткени асмандагы сыйлыгыңар чоң! Силерден мурунку пайгамбарларды да ушинтип куугунтукташкан.
Талашып-тартышканга шашпа, атаандашың маскара кылса эмне болот? Атаандашың менен талашыптартыш, бирок уккан адам сени жемелебеши үчүн, бирөөнүн жашыруун сырларын ачпа, болбосо өмүр бою маскара болуп өтөсүң.
Кудай тандап алгандарды ким айыптайт? Аларды Кудай өзү актайт. Аларды ким соттойт? өлүп, кайра тирилген, Кудайдын оң жагында отурган Машайак Ыйса биз үчүн арачылык кылат.
Он алтынчы бөлүм
Анын биринчилиги
Эркектер дайыма эле жашоосунда эмне биринчи орунда тураары жөнүндө так түшүнүккө ээ боло бербейт. Бирок, ар бир эле аял өз күйөөсүнүн баалуулуктары жөнүндөгү тизмесинин башында Кудайдан кийин эле өзү турганды каалайт. Ошол эле кезде ушундай болууну каалаган аял үчүн биринчи орунда Теңир жана жубайы турушу керек. Башкача айтканда эгерде күйөөң сени өзүнүн жумушунан, балдарынан, досторунан ж.б. жумуштарынан жогору койгонун каалап жатсаң, анда сен да ага карата болгон мамилеңде ушундай кылышың керек. Эгерде сенин баалуулуктарыңдын системасында Кудай менен жубайың керектүү орунду ээлешпесе, анда сенин күйөөң да өз жашоосунда Теңир менен сени негизги баалуулук деп баалары да күмөн.
Үй-бүлөдө кичинекей балдар төрөлгөн кезде сен үчүн биринчи орунда эмне тураары жөнүндө эстөө да абдан кыйын. Алар үзгүлтүксүз көңүл бурууну талап кылышат жана алардын бардык муктаждыктарын сенден башка эч ким канааттандыра албайт. Акыры күйөөң чоң эле киши болгондуктан, өзүн өзү камсыздандырса болот да. Балдар болбогон кезде деле сенин көңүл бурууңду жоюп кете турган башка толтура нерселер бар: жумуш, үй, достор, пландар, хобби. Анан ушулардын ичинен өз күйөөңдү эң аягына коюп коюу же жок эле дегенде ошентип койгонуңду сездирип коюу кандай оор.
Бактыга жараша, «биринчилик» деген түшүнүк ага канча убакыт сарпталганына байланыштуу эмес. Эмесе адам жумуш жумасы кырк саатты түзгөнүн, Кудай болсо анын жашоосунда жумушунан кийинки экинчи орунда тургандыгын көрмөк, эгерде албетте ал күн сайын жок эле дегенде сегиз сааттан кем эмес сыйынган болсо. Мындан тышкары, күйөөң менен балаңа бирдей убакыт бөлүү дегеле мүмкүн эмес, андай боло турган болсо, анда бала көңүл бурулбаган абалда калгандай болуп калмак. Ал эми, күйөөгө келе турган болсок, маселе сен ага канча убакыт бөлгөнүңдө эмес, сен үчүн ал баалуу экендигин сездирүүгө убакыт табасыңбы, кептин баары мына ошондо.
Эрте менен эркелете учурашканың, назик жылмаюуң менен акырын кучактаганың, анын сен үчүн канчалык маанилүү экендигин айтып турат. Сен күйөөңдөн: «Мен сен үчүн бүгүн эмне кылып бере алам?» деп сурасаң болот (анан албетте анын суранычын орундатуу керек). Мейли, ал сенин ал үчүн сыйынып жүргөнүңдү билсин. Анан анын каалаоосу боюнча, сен анын дагы эмнеси үчүн сыйынышыңды кааларын кызыгып сурагын. Күн сайын жасалуучу көптөгөн иштердин арасынан убакыт таап, аны колдоп сүйлөшүп койгонуң эле, сенин ага карата өзгөчө көңүл бурганыңды күбөлөндүрүп турат.
Биринчиликтин кайсы жерде турушу, сенин жүрөгүңдө алардын кандай жайгаштырылышы менен түздөн түз байланыштуу. Өзүңдүн убактыңды бөлүштүргөндө күйөөң экөөң бири-бириң менен гана жалгыз калганга да мүмкүнчүлүк болгондой кылып пландаштырганың абдан зарыл: мейли бул жолугушуу болсун, үйдөн башка жакта өткөргөн түн, балдарсыз, досторсуз, экөөң гана өткөрчү романтикалык кеч же кечки тамак болсун. Бул күйөөңдү сенин жүрөгүңдө ал маанилүү орунда тургандыгына ынандырат. Эгерде күйөөң сени абдан сүйүшүн кааласаң, сен андан да көбүрөөк сүйүшүң керек. Эгерде сен бул үчүн сыйына турган болсоң, албетте болот.
Бирок сенин күйөөңө талаптагыдай көңүл бурууга такыр эле убактың да, күчүң да жок болуп жатса, Кудайдан сени Ыйык Рухка толтурушун сура; Анын жетекчилигин изде, ошондо Ал сага биринчиликти кантип туура жайгаштырыш керектигине жардам берет. Эгерде сенин ар бир күнгө түзүлгөн графигиңде Андан күч алып туруш үчүн, Кудай менен баарлашууга убакыт бөлүнбөгөн болсо, баалуулуктарыңдын системасын кайрадан карап чык жана күнүмдүк тартипти өзгөрт, анткени мурдагысы эч нерсеге жарабай калды.
Менин күйөөм иштеген бизнесте адамдар ийгиликтин чокусуна ушунчалык тез көтөрүлгөндүгүн байкоого болот. Албетте, аларды ал жакта чоң ийгиликке, чоң бийликке, чоң байлыкка болгон суусоо күтүп турат. Эгерде, бул адамдар өз жандары үчүн кам көрбөсө, эгерде, алар өздөрүнүн текеберчилигинин жетегинде эч нерсени ойлобой кете бере турган болсо, алар анда өздөрү үчүн коюлган капканга түшүп калышары бышык жана андайда Кудайды да, үй-бүлөнү да, жыйынды да, досторду да жек көргөн нерседей таштап коюшары анык. Анан качан өтө бийик учкан бул «жылдыздар» жерге түшкөн кезде, алардын кулоосу өтө катуу болот. Биз күйөөбүз менен ушундай нерселердин болушун каалабайбыз да. Ошондуктан күйөөң өз жашоосунда дайыма биринчи орунга Кудайды, экинчи орунга сени, үчүнчү орунга балдарды койсун деп сыйын. Ошондо анын жашоосунда эмнелер болгондугуна карабай, анын калган баалуулуктарынын баары туура тартипте жайгаштырылган болот да, силердин экөөңөрдү тең келечекте чоң бакыт күтүп турат.
Теңирим, мен Сени өз жашоомдун Кожоюну деп жарыялайм. Баарынан мурда Сени издегенге мага жардам бер. Мага күйөөмдү балдарымдан, жумушумдан, үй-бүлөмдөн, досторумдан, ар кандай иштерден жана өз кызыкчылыгымдан да жогору койгонго жардам бер, ал менин ага карата болгон мамилемден, ал мен үчүн кандай маанилүү экендигин сезгендей болсун. Анын мен үчүн канчалык маанилүү экендигинен шектенүүсүнө себеп болгон, мен алып келген жарааттардан аны куткар. Мага менин баалуулуктарымды туура жайгаштырганды үйрөт, маанисиз, көңдөй, зыян келтирүүчү бардык нерселер менден кетсин жана убактымды уурдабасын.
Менин күйөөм өз жашоосунда биринчи орунга эмнени коерун дайыма билген болсун. Анын жүрөгүнүн Кожоюну жана Башкаруучусу бол. Ага күн сайын Сени менен жеке баарлашуга убакыты болгондой кылып күн тартибин пландаштырганга жардам бер. Ага Өзүңдүн ойлоруңду ачып бер, Сага кызмат кылуу ал үчүн эң биринчи мааниге ээ болгон нерсе экендигин көргөз. Мени жана балдарын өз карьерасынан, досторунан жана башка иштеринен жогору коюуга ага акылмандык бер. Ылайым ал баарынан мурда Сени издеп, Сага баш ийсин, анткени ошондо гана анын жашоосунда тартип болот.
Баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгын жана адилеттигин издегиле, ошондо мунун баары силерге кошулуп берилет.
Ар кимиң өзүңдү гана эмес, өзгөнү да ойло.
Эч ким эки кожоюнга кул боло албайт. Бирин жаман көрүп, бирин жакшы көрөт; бирине жан дили менен берилип, экинчисин барк албайт.
Асман Падышачылыгы асыл бермет издеген соодагерлерге да окшош: күндөрдүн биринде ал кымбат баалуу берметти тапты. Анан барып, колунда болгондун баарын сатты да, ал берметти сатып алды.
…Кудай-Теңириңе табын жана бир гана Ага кызмат кыл.
Он жетинчи бөлүм
Анын адамдар менен болгон мамилеси
Жалгыздыктын жакшы жактары аз. Биз баарыбыз эле жакшы адамдар менен мамиледе баарлашууда болгонго муктажбыз, анткени бул бизге чындыктын жолунда турууга жардам берет. Ар бир эле жубайлардын жубу жок дегенде Кудайга чындап ишенген эки үй-бүлө менен баарлашып турса жакшы болмок, анткени мындай достук жаңы күч берип, жашоону шаңдандырат. Мындай адамдар менен болгон мамиле бизди ишенимде бекемдеп, жашообузду маңыздуу кылат, ошондой эле кыйын кырдаалдарда туура чечим кабыл алууга жардам берет. Ишенген адамдар менен болгон достуктун жакшы таасири жубайлар үчүн пайдалуу.
Эсимде, бир жолу күйөөм экөөбүздү досторубуз өз үйлөрүнө кечки тамакка чакырышты, бирок ал жакка жөнөөрдүн алдында Майкл экөөбүз катуу уруша кеттик, анан биз барганга чейин машинада жымжырттык өкүм сүрдү. Ал мезгилде бир гана нерсе тууралуу ойлогонго болоор эле: «кантип кеч бою конокто отуруп, анан ошол эле мезгилде кантип үй ээлеринин көңүлдөрүн чөгөрбөй коюуга болот» деп. Анткен менен, алардыкына келер менен эле жылуулук, сүйүү жана Кудайдын Руху бизге — ойлорубузга, сезимдерибизге таасир этип, көп өтпөй эле биз бабырашып, каткырып атып өткөн жаңжалды деле унутуп калдык. Ал үйдө биз адаттагы эле атмосфераны байкадык — алардын үйүндө биз Майкл экөөбүзгө ушунчалык жакшы таасир тийгизген Кудайдын кубанычы бар экендигин сездик.
Буга тескери болгон кырдаалдар да көп эле болду, б.а. досторубуз абдан урушуп алышып анан биздикине конокко келгенден кийин жүрөктөрү тынчтыкка толуп кеткен күндөр көп эле болду. Бир жолу биздин досторубуз — күйөөсү менен аялы бизге чалышып, жолугуша албайт окшойбуз, өзүбүзчө катуу урушуп кеттик дешти. Мен аларды абдан жакшы түшүнүп турганымды айтып, баары бир келгиле деп чакырдым. Мындай окуялар биздин башыбыздан да өткөндүгүн айтып, баары бир кечке унчукпай отуруп кетишсе да, келүүлөрүн өтүндүм. «Анын үстүнө силер тамактанып да алышыңар керек да, эгерде кааласаңар бири-бириңерден алысыраак отургула», — дедим. Бир аз сүйлөшкөндөн кийин алар келүүгө макул болушту, анан ошол күнкү кеч укмуштуудай сонун өттү. Аягында болуп өткөн окуяны эстеп баарыбыз каткырып күлүп да алдык, анан алар кол кармашып, жетелешкен бойдон кетишти.
Теңирди сүйгөн, ишенген адамдар менен болгон жолугушуу кокусунан болбойт. Ушундай адамдар биздин жолубуздан жолуксун деп сыйыналы. Алар менен таанышкандан кийин дос болуп калалы деп сыйыналы, анан биздин өз ара болгон мамилебизде бардык туура эмес нерселер бизден четтеп өтсүн деп сыйынуу керек. Ыйык Китеп бизди: «Ишенбегендер менен бирге жат моюнтуруккка кошулбагыла» (2 Кор. 6:14) деп үйрөтөт. Бул демек, биз эми машайакчы эмес адамдар менен болгон байланыштан качышыбыз керек дегенди түшүндүрбөйт, ошентсе да, биз Теңирди билип жана сүйбөгөн адамдар менен жакын мамиледе боло албайбыз, анткени бул нерсе олуттуу издерди калтырат. «Адил адам жакынына жол көрсөтөт, ал эми мыйзамсыздын жолу аларды адаштырат» (Накыл. 12:26). Мына ошондуктан да, бир ойлуу адамдар чогула турган үй жыйынынын болушу абдан маанилүү. Силерди жүрөгү Кудайга берилген адамдар курчап турушу үчүн кам көргүлө.
Күйөөңдүн Кудайга ишенген достору болсун деп сыйын, эгерде ошондойлор болуп калса, алардын баарлашуусуна тоскоол болбо, анткени бул анын тазаланышына таасир этет. «Темирди темир курчутат, адамды адам курчутат» (Накыл. 27:17) дегендей, жакшы достор ага жакшы таасир этишет. «Жыпар жыттуу майлоочу май жана түтөтүлүүчү зат жүрөктү кубантат, адамга досунун чын жүрөктөн берген кеңеши да ошондой жагымдуу» (Накыл. 27:9). Албетте эгер кайсы бир жерден тең салмак болбой жатса, анда анын калыбына келиши үчүн сыйыныш керек.
Балдарыбыз төрөлгөн кезде Майкл тыным албай иштеди, ал эми жуманын аягындагы дем алыш күндөрдү же гольф-клубда, же бейсбол талаасында, же достору менен футбол ойноп жатып стадиондо өткөрчү. Менин канчалык арызданып, каршылык көргөзгөнүмө карабастан, күйөөмдү үй-бүлөгө да көңүл буруу керектигине өзүң үйрөт деп Кудайга жалбарып сыйынгычакты эч нерсе өзгөрүлгөн жок. Кудай мен сурагандан да көбүрөөктү кылып, сыйынуудан кийин болгон өзгөрүү мен күткөндөн да көптү берди.
Эркектерде аялдарга караганда достору анчалык деле көп болбойт, анткени алар дайыма өз карьералары менен алек болушат, анан да алар досторду көбөйтүүгө деле умтулушпайт. Бул жерде сыйынуу эң жакшы жардам берет. Ал тургай, сенин күйөөң ишенбеген адам болсо деле, анын ишенген достору болсун деп сыйынсаң болот. Менин жакын курбумдун күйөөсү, Теңирди билчү эмес, ошентсе да, ал ишенген коллегалары менен баарлаша баштасын деп биз көп жолу сыйынганбыз. Кудай бул киши Кудайдын адамдарынын чыныгы курчоосунда кала тургандай шарт түзүп койду, анан бул биздин жалпы кубанычыбызга эң сонун шарт түзүп берди.
Күйөөңдүн бардык байланыштары жана мамилелери үчүн: ата-энелери, бир туугандары, жеңе, тайкелери, туугандары, коллегалары жана кошуналары менен болгон мамилелери үчүн сыйын. Анын башкалар менен болгон бир дагы мамилеси өч алууга жана кектөөгө байланышпасын. Күйөөңдүн кимдир бирөөгө карата таарыныч менен жүргөнү жагымсыз экендигине макул болсоң керек.
Теңирим, менин күйөөмдүн (атын айтып) эң жакшы, Кудайга ишенген, акылмандуулукка ээ болгон, ага жасакерленген эмес, чындык сөздөрдү айтып турган, ал эми, ал аларга өз жүрөгүн ача ала турган достору болсун деп сыйынам (Накыл. 28:23). Ага акылмандык бер жана бузуку жолдорго жетелебесин үчүн аны адамдарды ажырата билгенге үйрөт (1 Кор. 5:13). Ага ишенген адамдар менен достошуунун артыкчылыгын көрсөтүп бер жана алар менен ага кызыктуу болгондой кыл. Бизге достук мамиледе боло турган үй-бүлөлөр менен таанышууга мүмкүнчүлүк бер.
Менин күйөөм үй-бүлөсүнүн ар бир мүчөсү менен, кошуналар менен, тааныштары менен, коллегалары менен достук мамиледе болсун деп сыйынам. Бүгүн мен анын мамилеси өзгөчө (адамдын атын айт) менен жакшырсын үчүн сыйынам. Алар бири-бирине жактыруу менен мамиле кылышып жана ар кандай пикир келишпестиктерден алыс болушсун. Ылайым кайсы жерде кайчы пикирде болушкан болсо, ошол жактарына элдешүү келсин. Ылайым бардыгы тынчтык жолу менен ишке ашсын.
Менин күйөөм узак жана баталуу өмүр сүрүшү үчүн ата-энесин сыйласын деп сыйынам (Чыг. 20:12). Ага таарынычтарды кечирип, эч кимге кек сактабаганга жардам бер. Теңирим, Сен өз Сөзүңдө: «Ким бир тууганын жек көрсө, ал караңгылыкта жүрөт жана өзүнүн кайда бара жатканын билбейт. Анткени караңгылык анын көзүн сокур кылып койгон» (1 Жкн. 2:11) деп айткансың. Менин күйөөм эч качан жамандык менен көзү жабылган сокур болуп калбасын, дайыма кечиргенди билсин. Ылайым ал эч кимди жек көрүп, соттобосун, бирок дайыма «баарыбыз Кудайдын сотуна келерибизди» (Рим. 14:10) эстеп жүрсүн. Аны душмандарын сүйүүгө, аны каргагандарды кечирүүгө, аны жек көргөндөргө жакшылык кылууга, аны аңдыгандар үчүн сыйынууга үйрөт (Мт. 5:44). Мен Сенден суранам Теңирим, мени анын эң жакшы досу болууга, анын өзүн да чыныгы дос болууга үйрөт.
Бири-бирибизге көңүл бөлүп, бири-бирибизди сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөйлү. Чогулушка барбоону адатка айландырып алган кээ бирөөлөргө окшоп, чогулуштарыбызды калтырбайлы. Ал күндүн жакындап калгандыгын билгендиктен, бири-бирибизди сергек болууга чакыралы.
Ошондуктан сен курмандык чалынуучу жайга курмандыгыңды алып келгениңде, бир тууганыңдын сага каршы бир нерсеси бар экени ошол жерден эсиңе түшсө, анда курмандыгыңды курмандык чалынуучу жайдын алдына таштагын да, барып, адегенде бир тууганың менен элдеш. Ошондон кийин гана курмандыгыңды алып кел.
Ал жарыкта жүргөн сыяктуу биз да жарыкта жүрсөк, анда бири-бирибиз менен мамилебиз бар…
Өзүңөргө сак болгула. Эгерде бир тууганың сага каршы күнөө кылса, ага эскертүү бер. Эгерде кечирим сураса, аны кечир. Эгерде ал бир күндүн ичинде сага жети жолу келип: «Күнөөмдү мойнума алам», — десе, аны кечир.
Силерге жакшы осуят берем: бири-бириңерди сүйгүлө! Мен силерди сүйгөндөй, силер да бири-бириңерди сүйгүлө! Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, башкалар силердин Менин шакирттерим экениңерди билишет.
Он сегизинчи бөлүм
Анын аталыгы
Майклдан эмнеден көбүрөөк коркоорун сураганымда, ал: башка нерселерден тышкары өзүнүн аталык милдетин аткара албай калуудан абдан коркоорун ачык мойнуна алды. «Менин оюмча ушундай коркунуч көп эле эркектерди ээрчип жүрсө керек. Биз өз жумуштарыбыз менен ушунчалык алек болгондугубуздан улам, балдардын алдында өзүбүздү күнөөлүү сезип кетебиз. Биз аталык милдетибизди аткара албай калуудан же жаман аткаруудан коркобуз, — деп айтты ал. Айрыкча, өспүрүм курактагылар менен сүйлөшкөн кыйын, анткени алар менен жалпы бир тил табыша албайбыз, алардын алдында заманбап көрүнбөй калабыз деп коркобуз».
Күйөөмдүн мындай моюнга алуусу мага абдан таасир этти, анан ал жакшы ата болушу үчүн сыйынайын деп чечтим. Менин сыйынууларым аркылуу анын өзгөргөндүгүн, балдар менен баарлашууда бир топ чыдамкай болуп баратканын жана аталык ролунда өзүн ишенимдүү кармай баштаганын баамдадым. Ал балдардын арасында өзүн толугу менен эркин сезип, алар менен баарлашуудан кубаныч алып калды. Ал таалим-тарбия берүүдө, акылдуу кеңештерди үйрөтүп, балдарын тартипке салууда мурдагыдай болуп, алсыздыктын жаман сезимдеринен жапа чекпей калды. Бүгүнкү күндө Майкл эгерде балдарда кандайдыр бир жетишпестиктер болсо, ал дайыма эле анын ата катары жеткилең эместигине байланыштуу эмес экендигин түшүнүп калды.
Өзүнүн ата катары толук баалуу эместиги, жараксыздыгы тууралуу ойлор көптөгөн эркектерди багынтып жана балдар менен болгон мамилени жолго коюуга карата аракеттерин токтотуп коюуда. Алар пассивдүү болуп, өз балдарынан бөлүнүп калышат. Бул абал айрыкча өз жашоосунда кандайдыр бир жактан жеңилүүгө дуушар болгон эркектер үчүн өзгөчө оор. Аялдарда деле кээ бирде эне катары өзүн толук баалуу сезе албаган учурлар болот, ошого карабастан алардын бирөө да балдарын унутуп же таштап кетишпейт, эгерде эле өтө мажбур учурлар болуп калбаса. Мунун себеби биз бойго түйүлгөндөн баштап эле балдарыбыз менен ажырагыс болуп бириккенибизде; биз аларды жатыныбызда көтөрүп жүрөбүз; ымыркай кезинен багып өстүрөбүз; аларды жашоого үйрөтүп, тарбиялайбыз, аларды ушунчалык катуу сүйгөндүгүбүздөн биздин өмүр алар менен биригип калгандай болгон сезим өмүр бою коштоп жүрөт. Аталарда болсо мындай мүмкүнчүлүк жок, ошондуктан өздөрүн балдар менен тил табыша албаган, бөтөндөй сезип кетишет. Анын үстүнө эгерде эркек эртеден кечке өз жумушу жана карьерасы менен алек болсо, анда балдардын жашоосунда ата катары анын ролу дээрлик көрүнбөй деле калат. Мына ушул жерден биздин сыйынууларыбыз жардамга келет.
Сенин жашооңдо кимдир бирөөнүн сыйынуусунан кийин түшүнүп, эмне кылаарды билип, туура чечим кабыл алган күндөрүң болду беле? Менде мындайлар көп болгон. Эгерде биз күйөөлөрүбүздүн жакшы ата болушу үчүн сыйына турган болсок, анда мындай нерсе биздин күйөөлөрүбүздүн да жашоосунда болоруна ишенем. Биздин сыйынууларыбыз алардын шектенүүчүлүк менен күрөшүүсүнө, жоопкерчиликтин жүгүн көтөрүүгө, өзүнүн аталык ролун жакшы түшүнүүсүнө жана ар бир эле ата-энеге тааныш болгон кыйынчылыктарды жеңүүгө үйрөткөн Ыйык Рухка жүрөктөрүн ачууга жардам берет.
Күйөөм менин сыйынууларым ага кантип аракеттенүү керектигин так көргөзүп берген бир учурду эскерет. Биздин жети жашар балабыз Крис калп айтып койду. Биз аны күнөөсүн моюнга алып, кечирим суроого мажбурламай болдук, бирок муну кантип кыларды билбей жаттык. Майкл анын жазасын берип, окутуп коюуну каалап, менин сыйынуумду өтүндү. Мен сыйынган кезде ал эмне кылыш керектигин даана көрдү. Уулубуздун көзүнчө ал үч бурчтукту, андан башка Кудайдын элесин чагылдырган сүрөттү, шайтандын элесин чагылдырган сүрөттү, анан Кристтин сүрөтүн алды. Аларды: Кудайдын элесин чагылдырган сүрөттү, шайтандын элесин чагылдырган сүрөттү, бир жагына Кристин сүрөтүн койду. Анан Майкл Кудайдын ойлорун, шайтандын ойлорун жазды. Анан Крис үчүн ал тандап алган калптын жолунда жүрүү канчалык коркунучтуу экендигин сүрөттөп айтып берди. Анткени ал жол шайтанга карай алып барат, демек шайтанга жакындоо менен Крис Кудайдан улам алысыраак болуп алыстай берерин айтты. Ушул сүрөттөө балага ушунчалык катуу таасир эткендиктен, ал чоочуп кетип, ыйлап жиберди да, калп айткандыгын моюнга алып, чын дилинен өкүнүп тобо кылды. Майкл ошол кезде Теңир ага берген өз аракетин ачык түшүнбөй туруп, ал эч качан баланын жүрөгүн тыкылдата алмак эместигин айтып берди.
Жакшы ата болууну каалаган эркектер үчүн Асмандагы Атабыз эң жакшы мисал боло алат. Теңир менен баарлашууда, Ага окшошуп өзгөрүү менен канчалык көп убакыт өткөргөн сайын, ал өзүнүн балдарына ошончолук таасирдүүрөөк боло алат. Ал өз Атасынын жүрөгүн көрүү менен аталык жүрөккө ээ болот. Албетте бул оңойго турбайт, анан да күйөөңдүн өзүнүн жердеги атасы менен мамилеси жакшы болбогон болсо, ого бетер кыйын. Эркектин өз атасы менен болгон мамилеси көбүнчө анын Теңир менен болгон мамилесине издерди калтырат же таасир этет. Эгерде атасы аны бир кезде таштап койгон болсо, анда Кудай да таштап койбосо экен деген коркунуч жашайт; эгерде атасы ага кош көңүл мамиледе болуп, ал үчүн кам көрбөгөн болсо, анда өзүнө карата Теңир да кош көңүл болуп койбосун деген шектенүүдө болот; эгерде ал жердеги атасынын аны сүйөөрүнөн шектенген болсо, анда Асмандагы Атасынын сүйүүсүнөн да шектенет; эгерде ал жердеги атасына ачууланса, анда Кудайга карата деле ушундай жактырбаган сезимдерде болот. Атасына байланышкан күйөөңдүн мурдагы жашоосундагы окуялар, анын Теңирге, Анын сүйүүсүнө карата бараткан жолунда тоскоол болот, анан албетте бул анын балдары менен болгон мамилесине таасирин тийгизбей койбойт.
Күйөөң өзүнүн Асмандагы Атасынын сүйүүсүн таанып билсин деп, анын жүрөгү менен акыл-эсин толтуруп турган ар кандай адаштыруулардан жана туура эмес элестетүүлөрдөн бошонсун деп сыйын. Анын Кудайга карата таарынычынын себепчиси болгон, атасы ага алып келген жарааттардан Теңир аны айыктырышы үчүн сыйын. Библия: «Атасы менен энесине тил тийгизген адамдын чырагы коюу караңгылыкта өчөт» (Накыл. 20:20) деп айтат. Эркек өз атасын чын жүрөктөн кечирмейинче, жакшы ата боло албайт. Анын атасы азыр тирүүбү, тирүү эмеспи, ал маанисиз, анын жан-дүйнөсүндө эмне болгону маанилүү. Асмандагы Атасы менен болгон мамиленин жакшырышына эч нерсе тоскоол болбош үчүн, анын жердеги атасына карата болгон мамилеси өзгөрүшү үчүн сыйын.
Эркектер балдарынын жашоосунда өздөрүнүн ролунун бүткүл маанисин көбүнчө түшүнүшпөйт жана өздөрүнө балдардын материалдык жыргалчылыгынын булагы катарында гана карашат. Бирок чынында, балдардын жашоосуна карата атасынын тийгизген таасирин баалоого мүмкүн да эмес. Балдардын кайсы жолду: жакшы же жаман жолду тандашы атасынын балдарга карата болгон мамилесине жараша болот. Анын жашоосу да ушуга көз каранды: анткени ал өзүнүн аталык ролун аткара албаса, жеке кудуретсиздиги дайыма аны коштоп жүрөт. Эгерде ал жакшы ата боло алса, анда бул анын жашоодогу ийигиликтеринин эң маанилүү критерийи болуп калат.
Теңирим, менин күйөөмдү жакшы ата болууга үйрөт. Андагы Сенин эркиңе ылайык келбеген бардык нерселерди оңдоп кой, анын жан-дүйнөсүндөгү жарааттарды айыктырып, өз атасын кечиргенге жардам бер. Ага Сенин ойлоруңду түшүнүүгө жардам бер жана анын жүрөгүнө Асмандагы Атасы катары Сени таанып билүүгө карата суусоо сал. Ал Сенден сүйүүгө жана боорукерликке толгон Атаны көрүшү үчүн, Сага окшошуп, Сени менен баарлашууда көбүрөөк убакыт өткөрүшү үчүн, аны Өзүңө тарт. Ылайым анын жүрөгү да балдарына карата ошондой болгон сүйүүгө толсун. Аны өз балдарын Сендей болуп чындыктын жолунда тарбиялашы үчүн, кайрымдуулук көрсөткөн, акылман сот болууга үйрөт. Аны Сени үлгү кылып аракеттенүүгө: балдардан тил алчаактыкты талап кылууга, эгерде алар күнөө кылса туура жазалоого, өкүнүп, күнөөсүн моюнга алышканда дайыма мээрим менен кечирип коюуга үйрөт. Ким өз баласын сүйсө, аны адилеттик менен жазалары тууралуу чындыкты ага ачып бер (Накыл. 13:24). Ылайым ал: «…балдарыңарды кыжырдантпагыла, аларды Теңирдин үйрөтүүсү жана акыл-насааты менен тарбиялагыла» (Эф. 6:4) деген эрежени эсинен чыгарбасын. Күйөөм экөөбүздүн ортобузда балдарды тарбиялоодо эч качан ажырым болбосун, дайыма талапты бирдей коелу деп сыйынам.
Аны балдар менен мамилелешкенге үйрөт, ал эч качан каардуу, муздак, орой, унчукпас, пассивдүү, нааразыланган, алсыз, көңүл кош болбосун. Ага сүйгөн, мээримдүү, көңүл калтырбаган, жардамын аябаган, күчтүү, ырааттулук менен аракеттенген, ишенимдүү, баарлашууга ачык, түшүнгөн жана чыдамкай ата болгонго жардам бер. Ылайым балдардын өмүрү узак жана баталуу болушу үчүн, анын кебетеси да балдардын аны ата катары урматтап-сыйлап турушуна ылайык болсун.
Теңирим, балдар биздин руханий байлыктарыбызды мурастап алышарын билем; андыктан алардын атасынан мурастап ала турган нерселери акылмандуулукка мелт-калт толгон Ыйык Рухтун жөндөмдүүлүктөрү болсун. Менин күйөөмө Сенин парыздарыңды аткарууда үлгү болууга жардам бер, балдар ага кубаныч алып келсин жана ылайым ал балдарды Сенин жолуңда бекемдесин. Ал жакшы ата болгусу келет жана мен анын жүрөгүнүн ушул каалоосун аткарчы деп сыйынам.
Карылардын таажысы-балдарынын балдары, балдардын даңкы — ата-энелери.
Анткени Теңир сүйгөн адамын жазалайт, ага атасы уулуна ырайым кылгандай ырайым кылат.
Адил адамдын атасы сүйүнөт, акылманды төрөгөн кубанат.
Уулуңду жазала, ошондо ал жаныңа тынчтык берип, кубаныч тартуулайт.
«Мен силерге Ата болом, силер болсо Менин уулдарым, кыздарым болосуңар», — дейт кудуреттүү Теңир.
Он тогузунчу бөлүм
Анын өткөн жашоосу
Майклга он тогуз жаш курагында абдан катуу нервине доо кетүүнү башынан өткөрүүгө туура келген. Ал ошол кезде коллеждин студенти болгон, бир нерселерди жазып, аранжировка жасачу, жергиликтүү клубда кечинде да, күндүз да пианинодо, барабанда ойночу. Анын жашоосу жинденгендей ритмде өтүп жатты: ал аз уктаган, анын күчү тез эле короп — ден-соолугу олуттуу ойлогондой абалга келип калган. Үй-бүлөлүк дарыгер аны жергиликтүү психиатриялык бейтапканага жатып, күч-кубатын калыбына келтирүүнү сунуш кылат. Кийинчерээк бул үчүн анын апасы да, дарыгер өзү да абдан өкүнүп калышкандыгын айтып берди кайын энем, бирок алар ошондо эмне кыларын билбей абдырап калышкан болчу. Майкл үчүн ошол «калыбына келүү» үчүн жаткан эки жумалык убакыт жашоосундагы эң бир коркунучтуу таасир эткен мезгил болуп калды. Ал жакта көргөндөрү ага абдан терең травма келтирип, өзүм да ошондой болуп калбаймынбы деген коркунучтуу сезим туудурду. Коллежге келгенден кийин ал сабактардын жеңилдетилген графиги боюнча окуганга которулган, бирок коркунуч аны калтырган эмес.
Экөөбүздүн чогуу жашаган жылдарыбызда Майкл абдан чарчаган учурларында ошол кездегидей абалга түшүп калган мезгилдери көп эле болду. Жаш кезинде баштан өткөргөн эскерүүлөр аны тынч койгон жок; анын акылында коркуткан сөздөр жаңырып турду: «Сен эч качан бул жактан чыкпайсың. өмүрүңдүн аягы ушул психиатриялык оорукана менен бүтөт». Ал өзү айткандай, ушундай мезгилдерде баарынан көп ага керек болгон нерсе, менин сыйынууларым болду. Мен дайыма аны бошото ала турган чындыкты таанып билсин үчүн сыйынчумун (Жкн. 8:32). Мен Кудайга аны өткөндөрдөн бошотсун деп сыйынчумун. Бул өтө узакка созулган процесс болду, бирок ага карабастан мен сыйына бердим, натыйжада бирдеме өзгөрдү.
Биз өткөн жашообуз менен жашабашыбыз керек, бирок алардан сабак алышыбыз керек. Биз «арттагыны унутуп», «алдыга умтулушубуз» керек, «Максатка — Кудайдын Машайак Ыйса аркылуу бере турган жогорку сыйлыгына умтулуп» (Флп. 3:13-14) жашашыбыз керек. Биздин Кудай — Куткаруучубуз жана Айыктыруучубуз, биз Ага аныбыз да, мунубуз да болууга мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Ал бизге өткөн күнөөлөрүбүздү жууганга жана жоготкон нерселерибизди калыбына келтиргенге жардам берет. Ал биздин жоготкондорубузду компенсациялап бере алат (Заб. 89:15). Бизден болгону Ал ушунун баарын кыла алаарына ишенүүбүз гана талап кылынат. Эгерде биз өткөндөрүбүзгө илеше берсек, келечекте Кудай бизге даярдап койгондорго карай жыла албайбыз.
Сенин күйөөңдүн өткөндөгүлөрү ага эле эмес, анын тукумуна да таасир этет. Биздин балдар бизден чачыбыздын, көзүбүздүн өңдөрүн эле мураска алып калышпайт, бирок аларга ажырашуу, каардануу, дүрбөлөңгө түшүү, депрессия жана коркунучтар аркылуу келген биздин оор жана азаптандырган абалдарыбыз да мурас болуп өтөт. Муну менен эле бүтпөйт. Биз өзүбүз ушул жүктөрдөн бошонуу менен, балдарыбызды да алардан бошотобуз. Дайыма эле өткөн жашоого кайрыла берүү менен Кудай бизге келечекте даярдап койгон нерселерди таанып билүүнү гана жоготпостон, балдарыбызды да ошондон ажыратып коебуз.
Мүмкүн күйөөңдүн азыркы учуруна күчтүү таасирин тийгизип жаткан мурдагы жашоосундагы окуялар анын балалык кезинде болгондур. Биздин бала кезибиздеги бардык жаман нерселер жана ошол мезгилде болбой калган жакшы нерселер дагы биздин азыркы учурубузга таасирин тийгизет. Таарынткан сөздөр, ага коюлган кемсинткен кошумча аттар (семиз, макоо, көк мээ, аңкоо, кебетеси суук, бечел, жинди ж.б.) баланын акылына жана психикасына таасир этет. Алардын таасирин ал өспүрүм кезинде да сезиши мүмкүн. Эгерде өткөн жашоодон келе жаткан жүктөрдү үстүбүздөн силкип салууга күчүбүз жетпесе, бул тууралуу сыйынышыбыз керек, анткени адам ушул абал менен өмүр бою эле жашап жүрө албайт.
Кудай биздин дайыма Андан бошонууну сурай ала тургандыгыбызды айтат. Эгерде Анын жолдору менен жүрүп, Анын чындыгын жарыялай турган болсок, анда биз өзүбүз эңсеп жаткандай өткөндөрдөн бошонууга ээ болобуз. Бирок, бул дайыма тез эле боло бербейт, анткени өткөн жашоонун таасиринен бошонуунун белгилүү бир деңгээли болот. Мына, сенин күйөөң мурдагылардан бошмун деп ойлоп жатат дейли, бирок кокусунан эле ал кайра келип, анан бүт баары кайра башталышы мүмкүн. Ага кейибегенге жардам бер. Эгерде ал Теңир менен бара жаткан болсо, анда Теңир бүткүл көрөгөчтүгү менен аны башка, бийигирээк деңгээлдеги эркиндикке алып чыгат. Бул жерде күйөөңө сенин сыйынууң жардам берет.
Өткөндөрдөн бошонуу мүмкүн тез эле өтөт, мүмкүн Кудайдын ойлоруна ылайык этап боюнча өткөн узак процесс болушу да мүмкүн. Бул жерде сен убакыттын чегин орното албайсың; сен бул жерде күйөөңдүн өткөндүн үнүн контролдоп жана мындан ары аны укпай коюшу үчүн канча убакыт талап кылынса, ошончого чейин чыдамкайлык менен сыйынууга чакырылгансың.
Теңирим, мен анын (күйөөңдүн аты) өткөндөрдөн толугу менен бошонушун каалайм. Менин күйөөмдү каталыктардын жүктөрүнөн куткар; аны өзүнүн мурдагы жашоосуна жаңыча көз караш менен караганды үйрөт жана анын акылын жаңырт (Эф. 4:22-23). Ылайым ал Сенин бардык жаңы нерсенин Жаратуучусу экениңди түшүнсүн (Аян 21:5). Ыйык Рух ага жаңы жолду көрсөтүп берсин, өзүнүн туура эмес тажрыйбасына жаңыча мамиле кылганга аны үйрөтсүн. Ал Сенин үнүң менен өткөндүн үнүн так ажыратып билсин үчүн, ага Машайактын акылын бер. Эгерде ал мурдагы үндөрдү угуп калса, тайманбастан туруп, Сенин Сөзүңдүн чындыгынын алдында ал үндөрдү унчукпай калууга мажбурласын. Анын жаңыча ой толгоолорун мурдагы депрессия менен жарааттар кайгыга салбасын деп сыйынам. Айла түгөнгөндүк, өч алууга болгон каалоо, таарыныч дегендер аны таштасын үчүн, анын жүрөгүн кайрымдуулук менен сүйүүгө толтур. Анын өткөн жашоосу азыркы жашоосуна зыян келтирбеген сабак болуп калсын. Ар кандай ачуу эскерүүлөрдөн аны куткар, алар эми күйөөмө таасир этпесин деп сыйынам. Аны кайгысынан арылт (Заб. 146:3), анын рухун бекемде (Заб. 22:3), баштагы жашоосун эстөөнүн оор жүгүнөн аны куткар, алардан сабак алганды гана үйрөнсүн. Ал үчүн Сен даярдап койгон келечекке карай аны жетеле.
Бирок силер мурункуну эстебей жатасыңар, байыркылар жөнүндө ойлобой жатасыңар. Мына, Мен жаңы нерсе жасап жатам. Ал азыр болот, чын эле, силер ушуну да билгиңер келбейби? Мен ээн талаага жол салам, чөлгө дарыя өткөрөм.
Ошентип, ким Машайактын ичинде болсо, ал — жаңы адам. Мурункунун баары өтүп кетти, азыр баары жаңы болду.
…алдамчы кумарлары менен чирип бара жаткан эски адамдын мурдагы жүрүм-турумун таштоо керек экендигин, акыл-оюңарды жаңыртып турушуңар керек экендигин, чыныгы адилдик жана ыйыктык менен Кудайдын бейнеси боюнча жаратылган жаңы адамды кийүү керек экендигин үйрөнгөнсүңөр.
Ошондуктан биз көңүлүбүздү чөгөрбөйбүз. Сырткы адам карып бара жатса да, ички адам күндөн-күнгө жаңыланууда.
Кудай алардын бардык көз жашын аарчыйт. өлүм деген болбойт, ый деген, өкүрүк деген, оору деген болбойт, анткени мурункунун баары өтүп кетти.
Жыйырманчы бөлүм
Анын маанайы
Кимге эле дайыма маанайы жаман болуп турган киши менен сүйлөшүү жакмак эле? Жашоо деген татаал, ансыз деле дайыма кимдир бирөөлөрдүн арыз-арманын угууга туура келет. Мен баары сонун болуп турганда деле нараазы боло берген эркекти билем. Ал баарына кыжырданып турат. Жакшы жаңылыкты укса деле, күңкүлдөөгө шылтоо табат. Тилекке каршы, өзүн мындай алып жүрүүнүн негизи бала чактан эле башталат. Мүмкүн бул адамды эч ким жашоодон ырахат алууга үйрөтпөсө керек, ошондуктан ал жаман нерсени гана көргөнгө көнүп калган. Ошентсе да, баштапкы жашоосунун азыркы жашоосуна таасирин тийгизишине жол берип коюу менен, тандоону ал өзү жүргүзүп жатат. Анан ушул себептен улам, ал өзү дагы, аны курчап турган адамдар дагы бактылуу болушпайт. Ким ушундай болууну же ушундай адамдын жанында жашаганды кааласын?
Бул көйгөй мага абдан тааныш нерсе, демек, мындай адепахлагы жагымсыз адам үчүн сыйынуу гана керек деп ишенимдүү түрдө эле айта алам. Бирөөнүн маанайынын чөгүшүнүн тийгизген таасирлерине кыжырданбастан гана туруп, сыйынуу керектигин үйрөнүүгө мага көп убакыт талап кылынды. Ошентсе да, каалаган натыйжаларды берип жатат жана мен башкалар үчүн кепилдикке өтүп сыйынууда жеткилеңдикке жетүүгө болгон аракетимди жумшап жатам. Ар дайым адамдын жүрөгүнө кубанычтын руху кирсин деп сыйынуу менен, мен байкаларлык өзгөрүүлөрдү көрдүм, анан да менин ал адамга карата болгон мамилем да өзгөрө баштайт.
Адам Кудайдын сүйүүсүн кабыл алгысы келбегендиктен жана өзүнүн кежирлигинен улам кекчил, адамгерчиликсиз, ачуулуу болуп калат. Ыйык Китеп биз өз каалообуз менен бул сезимдерди жүрөгүбүзгө киргизип алаарыбыз тууралуу айтат (Заб. 100:4); биз өзүбүз өз жүрөгүбүздү катуулантып, Кудайдын сүйүүсүнө карата жаап коебуз (Накыл. 28:14). Өз маанайыбызды биз өзүбүз тандап алабыз; Кудайдын Сөзүн кабыл алабызбы, жокпу өзүбүз тандайбыз; Кудайга ыраазы болгон сезимдерге толобузбу же жокпу, аны да өзүбүз тандайбыз.
Күйөөнүн дайыма эле жаман маанайда боло бериши эң мыкты никени да бузат, ал эми, ийгиликсиз нике болсо мунун натыйжасында адам чыдай алгыс абалга жетет. Болуп жаткан нерселерге тескери таасирлене берүү адаты бүт жашоону бузуп коюуга жөндөмдүү. Мүмкүн сен күйөөңдүн эркин башкара албайттырсың, бирок сен, ал Кудайдын эрки менен макулдашууда болсун деп сыйына аласың. Анын жүрөгү тазалансын деп сыйын, анткени Ыйык Китеп Теңирди таза жүрөк менен гана көрүүгө болорун убада кылат (Мт. 5:8); анын жүрөгү шаңдансын жана кубанычтан жүзү жаркысын деп сыйын (Накыл. 15:13). Ким эле өз күйөөсүнүн Кудай менен бактылуу болуп, кубанып турганын көргүсү келбесин? Анын жүрөгү мактоого, ыраазычылыкка, сүйүүгө, кубанычка толсун, анткени «Жакшы адам жакшы казынасынан жакшылыкты алып чыгат» (Мт. 12:35). Башында анча чоң өзгөрүү болбогону менен, сенин сыйынууларыңдан улам күйөөңдүн жүрөгү сөзсүз жумшарат, анын үстүнө анын маанайынын жакшырышын күтүп жатып өзүңдүн маанайыңдын да жакшыра баштаганына күбө болосуң.
Теңирим, бүгүн аны (күйөөңдүн аты) сүйүү менен тынчтыкка толтурчу. Ылайым анын жүрөгүндө бейпилдик өкүм сүрсүн, ал өз жашоосуна канааттансын, анткени ал дененин эмес, рухтун каалоосун аткарууда. Ага Сенин бет алдыңда «өз үйүндө жүрөгүнүн тазалыгы менен жүргөндү» үйрөт (Заб. 100:2). Ага Сенин Рухуңдун жарыгын төк. Анын жүрөгү кең пейилдик менен чыдамкайлыкка толсун. Менин күйөөмө өзүмчүлдүк менен кыжырдануудан бошонууга жардам бер. Аны «баарына ишенип, баарынан үмүт үзбөй, баарын көтөрүүгө» (2 Кор. 13:7) үйрөт. Анын руху кайгынын алдында чөгүп талкаланбашы үчүн, аны каардануудан, тынчсыздануудан, дүрбөлөңгө түшүүдөн, ички күрөштөн жана басымдан бошот (Накыл. 15:13). Ал күңкүлдөй берген капалуу чалга айланып калбашы үчүн, ага кубанычтын рухун бер. Жан-дүйнөсүндө тынчтык болушу үчүн, аны тынчсыздануудан бошотуп, бардыгы үчүн Сага ыраазычылык билдире турган каалоо бер. Ылайым ал: «Мен болгонуна ыраазы болууга үйрөнгөм» (Флп. 4:11) деп айтсын. Бүгүн мен ага (күйөөңдүн аты) мындай деп кайрылам: «Теңир сага батасын берсин, сени сактасын! Теңир Сени мээримдүү жүзү менен карасын, сага ырайым кылсын! Теңир сага назарын салсын, сага тынчтык берсин!» (Сан. 6:24-26)
Эч нерсе тууралуу кам санабагыла, ар дайым сыйынганда жана жалынганда, каалооңорду ыраазычылык билдирүү менен Кудайга айткыла. Ошондо Кудайдын акыл жеткис тынчтыгы силердин жүрөгүңөрдү жана ойлоруңарды Машайак Ыйса аркылуу сактайт.
Өзүңөр кылып жүргөн күнөөлөрдүн баарынан баш тарткыла, өзүңөргө жаңы жүрөк жана жаңы рух жараткыла…
Өз рухун башкара албаган адам талкаланган, чепсиз шаарга окшош.
Эгерде мен пайгамбарчылык кылсам, бардык сырларды билсем, толук билимге ээ болсом, тоону ордунан жылдары ала тургандай ишенимим бар болсо, бирок менде сүйүү жок болсо, анда мен эч ким эмесмин.
Анын дарбазаларына даңктоо сөздөр менен, Анын короолоруна мактоо сөздөр менен киргиле. Аны даңктагыла, Анын ысымын даңазалагыла.
Жыйырма биринчи бөлүм
Анын никеси
Күйөөгө чыккыча менин баарынан да коркконум, күйөөмдүн спорттун фонаты болуп калышы эле. Мен эми телевизордон футбол, бейсбол же баскетбол көрсөтүлүп жатканда кечке чейин диванда пультту кармап жатып ала турган адам менен өмүр бою жашап каларымды ойлогондо коркунучка капталып, көңүлүм айнып жатты. Биз алгачкы таанышкан кезде эле Майклдын спортко анча маани бербегени мени кызыктырды. Бул тема аны таптакыр кызыктырчу эмес, ал тургай аны чарчатып да салчу. Эми үйлөнгөнүбүздөн бир топ жыл өткөндөн кийин, кокусунан эле менин күйөөм спорттун чыныгы фонаты болуп калгандагы менин абалымды элестетип көргүлөчү. Эгерде «Чикаго Беарз» командасы утулуп калса, аны менен кошо бүт үй-бүлөбүз кайгырышыбыз керек, ал эми «Кабз» командасы утуп кала турган болсо, анда ал өзүнүн жапайы кыйкырыгы менен баарыбыздын кулагыбызды тундурчу. Ал оюндарга дайыма катыша албай жаткандыгына нараазы болчу, ал ар бир оюнду өткөрбөй көргүсү келчү. Ал жөнөкөй эле, катардагы күйөрман болгон эмес — ал «Беарз» деген эмблемасы бар футболканы, «Кабз» деген эмблемасы бар шляпаны кийип жана ал экөөнүн ортосунда тең жарылып эле жүрчү. Мен аны менен бирге оюндарга барууга аракеттендим, бирок алар мени «Хотдог»дон да аз кызыктырарын сездим, ал эми, спорттук телешоуларды чогуу көрүү болсо, мен үчүн нагыз азапка айланды. Мени күйөөмдүн өз үй-бүлөсү менен баарлашууга караганда спорттук мелдештерди көрүү көбүрөөк кызыктырганы нааразылантчу.
Бир нече жылдардан кийин, качан мен никебизге сыйына баштаганда гана өзгөрүүлөр башталды. Кандайдыр бир көрүнбөгөн себептерден улам, Кудай Майклдын спортко карата болгон кызыгуусунан аны толук алыстаткан жок, анын ордуна Ал менин жан-дүйнөмдү тынчтандырып, көйгөйгө карата болгон мамилемди өзгөрттү. Кудай бизге комппромиске барганды үйрөттү: мен Майклды спорттук программаларды көрүүдөн баш тарт деп мажбурлабай калдым, ал болсо мени тартып-кызыктыра албаган нерсеге кызыгуумду талап кылганды койду; мен анын тактикалык митайымдыгына — үйлөнгөнгө чейин өзүнүн кызыккан нерсеси тууралуу унчукпаганы үчүн айыптабай калдым, ал болсо мени эч нерсе үчүн жемелебейт. Мунун баары жубайлык мамилелер үчүн маанисиз эле бирдемедей сезилгени менен, чын-чынына келгенде бул нерселер көп жагынан никеңердин келечегин аныктайт — ал туурабы же бузулабы, ошолорго байланыштуу болуп калышы да мүмкүн.
Биргеликте жашаган турмушубуздун бардык жактарына сыйынуу менен биз ажырашууга көйгөйлөрдү чечүүчү каражат катары караганды токтотобуз, ошондуктан биз ал тургай, алардын жашообузга түз таасири жоктой сезилген күндө да, никебиздеги маанилүү аспектерди барктабай кое албайбыз. Биз үйлөнүп жашай баштаган алгачкы күндөн баштап эле, биздин никебизде ажырашуу менен көзгө чөп салууга орун берилбесин деп сыйынчу элем. Биздин үй-бүлөнүн тарыхында буга окшогон нерселер болбогону менен, биздин маданият ажырашуу жана бузуктук идеяларына сугарылган, ал эми кээ бир чөйрөлөрдө бул кадимки эле көрүнүш катары кабыл алынат. Мен ушуларга окшогон нерселерден Кудай биздин никени сактасын деп сыйынчумун, Ал ишенимдүү болгондуктан, менин сыйынууларыма жооп берди.
Эки адам эч нерсеге карабастан, бири-бирине болгон мамилелерин сактап калууга жана коргоого убада берген кезде гана, нике бекем болот. Ошентсе да, болочок жубай өз өнөктөшүн идеалдаштырып жана никенин маңызын туура эмес элестетип койгон күндөр да болот, натыйжада, жашоо — турмуштагы чындык менен бет келишүү өтө ырайымсыз түрдө болуп калышы мүмкүн. Мына ушундай учурларда жубайлык «падышачылык» өзүнөн өзү бөлүнүүгө дуушар болушу мүмкүн. Силердин бирге өмүр сүрүүңөрдөгү ар кандай урчуктуу бурчтар жылмаланып, биримдикте, макулдашууда жана өз ара түшүнүшүүдө, рухта биргеликте бекемделишиңер үчүн, бири-бириңер менен болгон мамилеңердеги ар кандай адашуулар силерге ачык көрүнсүн деп туруктуулук менен сыйынууң зарыл. Силердин никеңер Кудайдын ысымында бириккен эки адамдын союзу болсун деп сыйынсаң, ошондо Теңир «силердин араңарда» болот (Мт. 18:19-20). Эгерде экөөңөр тең мурда башка никеде болгон болсоңор, анда мурдагы никеңердеги бардык байланыштар алардын жакшы же жаман, руханий же жандык экендигине карабастан, эч кимиңер мурдагы никеңердеги тажрыйбаны колдонбошуңар үчүн сыйынгын. Бир бутуң менен өткөн жашооңдо туруп алып, алдыга, келечекке карай жылуу мүмкүн да эмес.
Өз никең канчалык укмуш көрүнгөнүнө карабастан, азгырылып кетпе, анткени: «…туруп турам деп ойлогон адам жыгылып калуудан сак болсун» (1 Кор. 10:12) деп жазылып турат. Сенин никеңди талкалап коюуга коркунуч туудурган адамдардан жана кырдаалдардан Теңир өзү сакташын сура. Ким ажырашууга чечим кылса, аны чагылган менен чаап салып эскерте тургандай кылып болсо да, Теңирден ар кандай ыкмалар менен өз никеңди сактап калууну суран. Силердин жубайлык жашооңор экөөңөр үчүн тең зериктирме, оор милдет болуп калбасын үчүн, никеңерди кубанычтын жана өмүрдүн булагы кылсын деп Кудайга сыйын.
Теңирим, биздин никени алсыратып жана талкалап кое турган ар кандай нерселерден сакта. Никебизди биздин өзүмчүлдүгүбүздөн, кайдыгерлигибизден, башкалардын жаман ниеттеринен жана пландарынан, опурталдуу нерселерден сакта. Ылайым бизге бүгүн да, келечекте да эч качан ажырашуу же бири-бирибиздин көзүбүзгө чөп салуу жөнүндөгү ойлор келбесин. Бизди мурдагы мамилебизде болгон жагымсыз эскерүүлөрдөн, өткөндөрдөн бошот, бири-бирибизди сергектикте, обьективдүү баалай билгенге үйрөт. Себеби өзүн баалай билбегендик болгон кызганычтан биздин жүрөктөрүбүздү тазала. Бизден ар кандай азгырыктар: ичимдикке, баңгиликке, кумар оюндарына карата болгон коркунучтар кайып өтсүн.
Бизди достуктун, ишенимдүүлүктүн, кең пейилдиктин жана өз ара түшүнүшүүнүн түйүндөрү бириктирип турсун: инфантильдиктен (чоңойсо да балалык дене түзүлүш жана балалык мүнөз сакталып калгандык — Котор.эскер.), каршылашуудан, толук баалуу эместиктин комплексинен сакта. Бири-бирибизди азыктандырып, союзубузду жаңылап туруш үчүн дайыма бири-бирибизге убакыт тапканга жана эмнеге үйлөнгөнүбүздү дайыма эстеп турганга бизге жардам бер. Мен ал (күйөөңдүн аты) эң алгач Сени издесин деп, эч кандай силкинүүлөргө карабастан, ал мага бекем байлансын деп сыйынам, Теңир. Биздин никебиз балдарыбызга үлгү болуп калсын үчүн, алар эч качан ажырашууну ойлобошу үчүн, биздин өз ара сүйүүбүз күн сайын өссүн деп суранам.
Жалгыз болгонго караганда экөө болгон жакшы, анткени алар өздөрүнүн эмгеги үчүн жакшы сыйлык алышат. Анткени бирөө жыгылса, экинчиси тургузат. Бирок ж ыгылса тургузары жок жалгыз адамга кайгы.
Бирок ичинде өзгөчө руху бар бир адам ушундай кылган эмес беле? Ал адам эмне кылды эле? Ал Кудайдан тукум алууну каалаган. Ошондуктан рухуңарды сактагыла, эч кимиңер жаш чагыңарда алган аялыңарга ишенимсиздик кылбагыла.
Никеңер адал болсун, нике төшөгүңөр булганбасын. Бузулгандар менен нике бузгандарды болсо Кудай соттойт.
Ал эми үй-бүлө кургандарга мен эмес, Теңир мындай буйрук кылат: «Аял күйөөсү менен ажырашпасын. Эгерде ажыраша турган болсо, кайра күйөөгө тийбесин, же күйөөсү менен жарашсын. Ал эми эркек аялын кетирбесин».
Жыйырма экинчи бөлүм
Анын эмоциясы
Дон өз үй-бүлөсүн «каар таягы» менен башкарган. Анын жакындарынын баары анын ачуусу келип кетишинен коркуп, буттарынын учу менен гана басып жүрүшчү жана ал эмне десе да талаптарынын баарын аткарууга аракеттенишчү, муну сүйгөндүктөн эмес, корккондуктарынан улам кылышчу. Бүт бардыгы анын аялы Женни мунун баарына чыдай берүүгө милдеттүү эмес экенин, андан да мындай абал Кудайга жакпастыгын: «Ачуулуу адам менен достошпо, ачуусу чукул адам менен байланышпа, болбосо анын жолун үйрөнүп аласың жана өз жаныңа сыйыртмак саласың» (Накыл. 22:24-25) түшүнгөн кезден башталды.
Женни адамды сүйсө болот, бирок аны айыптоо күнөө экендигин түшүндү жана ал өзү жеке да, топ менен да Дон үчүн күч үрөп сыйынууга өттү. Ал анын жумшарышы жана Ыйык Рухка толушу үчүн сыйынды. Анын сыйынуулары күйөөсүнүн жүрүм-турумундагы көзүн гана ачпастан, өзгөрүлүшү үчүн да ага күч жана эр жүрөктүүлүк берди. «…жең ичинен берилген тартуу катуу каарды кайт кылат» (Накыл. 21:14). Күйөөсүнүн каарына каршы эң бир эффективдүү «жашыруун курал» — бул анын сыйынуусу.
Мерилиндин күйөөсү Чад көп жылдардан берки депрессиядан азап чеккен. өзүнүн табигый оптимизмине карабастан, Мерилин да анын туура эмес эмоциясынын таасири астында калып, ал дагы кайгыга түшөт. Бирок, Дөөт падышанын тарткан азаптарын окуп, ал анын сезимдери менен өз күйөөсүнүн сезимдериндеги көп окшоштуктарды көрдү: «Анткени менин жаным кайгыга батты, өмүрүм өлгөндөр жаткан жайга жакындап калды. Мен көргө киргендерге окшоп калдым, мен күчү жок адамдай болуп калдым» (Заб. 87:4-5). «Акылсыздыгымдан жараларым ириңдеп, сасып жатат. Бүкүрөйүп, таптакыр башымды көтөрө албай калдым…» (Заб. 37:6-7).
Ушунчалык терең кайгыларга карабастан, Мерилин Дөөттүн Теңирге таянганын жана кайгысын жеңе билгенин көрдү: «Теңирим! Сен жанымды өлгөндөр жаткан жайдан алып чыктың, көргө кирбешим үчүн, мени тирилттиң» (Заб. 29:4); «Сенин ырайымыңа кубанам да шаттанам, анткени менин башыма түшкөн мүшкүлдү көрдүң, жанымдын кыйналганын билдиң» (Заб. 30:8). «Жаныма жакын кел, жанымды куткар…» (68:19). Мерилин Кудай Чадды аяй турганын түшүндү жана ушул түшүнүк анын жүрөгүндө күйөөсүнүн депрессиянын туткунунан бошонушу үчүн анын сыйынуусу ачкыч болуп бере алат деген үмүттү пайда кылды.
Мерилин Чадга ал үчүн сыйынууга чечим кабыл алгандыгын айтты жана күйөөсү өзүнүн эмнелерди сезип жаткандыгын ага айтып турушун суранды. Сыйынуунун алгачкы күнүнөн тартып эле анын күчүн экөө тең сезе башташты, анын маанайы ар бир жолу сыйынуу жаңырган сайын жакшырып баштады. Көп өтпөй сыйынуунун таасири ушунчалык ачык билине баштагандыктан, бул чындыкты Чад тана алган жок, ал тургай аялынын сыйынуусуна кошула баштады. Ошондон баштап анын иштери жакшыра баштады. Бүгүнкү күндө анын депрессиясы сейрек болуп калды жана ал мурдагыга караганда өзүн батыраак колго ала баштады. Чаддын толук айыгышы үчүн Мерилин менен Чад Кудайга баарын толугу менен ишенип тапшырууну чечишти.
Каардануу менен депрессия — болгону эркектерди кыйнай ала турган эмоционалдык алсыздыктардын узун тизмесиндеги эки гана алсыздык. Мунун себеби, адатта эркектер өздөрүнүн ушундай адеп-ахлагын өзгөрүүгө мүмкүн эмес деп эсептеп алгандыктарында жатат. Ошентсе да, чынында бул кайталана берген нерсе талкаланып калышы мүмкүн болгон нерсе. Күйөөңдү эмоция кантип башкарып жатканын карап туруп аракеттенбей койбо. Анткени, анын келечектеги бошонуусуна сенин сыйынууң жардам берет.
Теңирим, качан биз Сага таянганыбызда, Сен биздин жаныбызды куткарарың тууралуу айткансың (Заб. 33:23). Мен ал (күйөөңдүн аты) Сенин жаман эмоциялардан аны куткара ала тургандыгыңа ишенсин деп сыйынам. Ылайым ал депрессиядан, каардан, дүрбөлөңдөн, коркунучтан жана өзүн өлтүрүү жөнүндөгү ойлордон бошонсун. Мен айрыкча ушул жагына (өзгөчө жагын айтып) сыйынам. Аны Сен гана бошотуп, айыктыра аларыңды билем, бирок аны бошотууда мени курал катары пайдалан. Мага ал жүргүзүп жаткан күрөшкө кийлигишпөөнү үйрөт, анын ордуна анын аракеттерин туура түшүнүп жана аны шыктандырганды үйрөт.
Менин күйөөмө мени менен, достору менен өзүнүн эң бир терең кайгыларын, көйгөйлөрүн бөлүшүүгө жардам бер. Ал ыйлагысы келсе, карманып калбай ыйлап алсын. Олуттуу иштерге деле тамаша менен карап, күлгөнгө үйрөт. Аны жашоодогу кырдаалдардан бийик турууга үйрөт жана кандай эмоция ээлеп алган күндө да, аны Сага ишенүүгө үйрөт. Аны чыдамкайлыкка үйрөт, анткени чыдамкайлык менен өз жанын сактап калууга болот (Лк. 21:19). Аны «кубанычтын майы» менен майла (Чыг. 61:3), өзүңдүн Рухуңа толтур жана бүгүн да ага жакшы маанайды белек кыл.
Өзүнө таянган адам акылсыз, акылмандык менен жүргөн адам аман-эсен болот.
Мына, Теңирдин көзү өзүнөн корккондордун жана өзүнүн ырайымына таянгандардын үстүндө. Теңир алардын жанын өлүмдөн сактап каларына…
Мен Теңирге бекем ишенгем, ошондуктан Ал мага назар салып, менин зар-муңумду укту. Мени туңгуюктан, сормо саздан чыгарып, буттарымды ташка коюп, кадамымды бекемдеди. Кудайыбызды мактаган жаңы ырды оозума салды. Көп адамдар көрүп коркуп калышат, ошондо Теңирге таянышат.
Өз ысымы үчүн жаныма күч берип, чындык жолуна салат.
Теңир өз кулдарынын жанын куткарат, Ага таянгандардын бири да өлбөйт.
Жыйырма үчүнчү бөлүм
Анын кудайдын алдында жүрүшү
«Жүрүү» деген сөз адам бараткан жолдун кайсы багытта, кандай максатта, кантип баратканын айырмалап билүүсүнө байланыштуу түшүндүрүлөт. Ал өз жолун күн сайын өзү тандап алат. Бир гана жол аны алдыга алып барат — калгандарынын баары артка гана тартат. Анын кандай жолду тандап алышы анын курчап тургандар менен болгон мамилесине, адамдардын ага карата болгон мамилесине жана ал тургай, анын сырткы келбетине да жараша болот. Мурда таптакыр кызыктыргыдай эмес, ал тургай, сырткы кебетеси анчалык деле жагымсыз болгон адамдар Кудайдын парызын аткара баштагандан тарта таанылгыстай болуп өзгөргөндөрүнө күбө болгом. Анын Сөздөрү аларга улам тереңирээк кирген сайын, алардын жаны тазалыктын байлыгы менен жана ички дүйнөсүндө өздөрүнүн жаңы жолун туюп-билүү менен гүлдөп турар эле. Бул аларга күч берген, анткени, алар өздөрүнүн эмнеге жаралганын билишчү. Булар эми таптакыр башка адамдар эле — жөн эле жагымдуулар эмес, өзүнө тартып туруучулар эле.
Ыйык Жазуу адам жүрө турган жолдор тууралуу көп айтат. Биз Кудайдын бет алдында адеп-ахлагыбыз жагынан тазалыкта жүрүү үчүн чакырылганбыз, «…таза жүргөндөрдү Ал жакшылыктан ажыратпайт» (Заб. 83:12); акылмандыкта жүрүү үчүн чакырылганбыз, анткени «түз жүргөн адам зыян тартпайт» (Накыл. 28:18); жүрөгүбүздү тазалыкта алып жүрүүгө чакырылганбыз, анткени «түз жүргөн адам коопсуз жашайт» (Накыл. 10:9); адилет адамдар менен баарлашууда болууну издөө керек, анткени «күнөөкөрлөрдүн кеңешине барбаган адам бактылуу» (Заб. 1:1), акылдуу адамдар менен баарлашууда болууну издөө керек, анткени «акылдуу адамдар менен мамилелешкен адам акылдуу болот» (Накыл. 13:20); тил алчаактыкта жүрүү керек, анткени «Теңирден корккон, Анын жолдору менен жүргөн ар бир адам бактылуу» (Заб. 127:1). Бирок баарынан маанилүүсү, биз такыбаалыктын жолунда жүрүшүбүз керек. «Ал жерде чоң жол болот, ал жол ыйык жол деп аталат. Ал жол менен таза эместер басышпайт, ал жол менен алар гана басышат. Ал жол менен бараткан адамдар, ал түгүл тажрыйбасыз адамдар да адашпайт» (Ыш. 35:8). Ыйык жолдо баруудагы эң бир сонун нерсе, биз чалынып кетсек да жыгылбайбыз.
Дебранын күйөөсү Бен чындап Кудайга ишенген, акылдуу эле адам, бирок ошентсе да, ал бир шектүү мекемеге жетишерлик эле көп суммадагы акчасын салуу менен ойлонбогон кадамды жасап койду. Натыйжада, ал бүт акчасын жоготту, ал тургай, кошумча чыгымдар да болду. Ушул окуя алардын финансылык толук кыйроосуна, мүмкүн ден соолуктарынын, никесинин кыйроосуна алып келмек, бирок Бен Теңирдин алдындагы ыйыктыктын жана толук тил алчаактыктын жолунда тургандыктан, аларга ырайым кылынды. Кудай менен кеңешпей туруп, ойлонбой кылган иштери эң бир жагымсыз абалга алып келди, бирок бактыга жараша кайгылуу трагедияга алып келе алган жок.
Ыйса Кудайга бара ала турган жалгыз гана ишенимдүү жол бар экендигин айткан: «Мен жолмун» (Жкн. 14:6) деп. Өлүмгө алып бара турган жол кенен, көпчүлүгү ошол жолду тандашат, бирок «тар дарбаза менен тар жол өмүргө алып барат, ал жолду тапкандар аз» (Мт. 7:14). Сенин күйөөң ошол тар жолду тапсын деп сыйын; Ыйык Рухтун жол башчылыгын сура. Кудайдын эркине каршы болгон ар бир иши үчүн терең өкүнүү менен тил алчаактыкта болуусу ага жардам берип, сенин күйөөң Кудайдын жолунда Теңирдин Сөзүнө ишенүү менен турушу үчүн сыйын. Эгерде ал дененин каалоосу менен эмес, рухтун каалоосу боюнча жашай турган болсо, анда ишеним жана тил алчаактык аны ыйык жолдо кармайт.
Кудай сенин күйөөң өмүр бою Теңир менен чогуу жүрүп жана бардык жагынан Ага окшошушу үчүн, рухтун жетегинде иш кылышын (Гал. 5:25) каалайт. Кудайдын жолунда жүргөн адам — курчап тургандар үчүн кубаныч.
«Теңирим, мен адамдын жолу өзүнүн эркинде эмес экенин, өзүнүн бутуна багыт берүү бара жаткандын бийлигинде эмес экенин билем» (Жер. 10:23). Ошондуктан Теңир, мен Сага сыйынам, менин күйөөмдүн кадамдарын Сен багытта. Аны Сенин жарыгың менен жарык кылып, Сенин жолуң менен, Сенин чындыгың менен жүргөнгө үйрөт. Анда руханий ачкачылык жана Сенин Сөзүңө болгон суусоо күчөшү үчүн, анын буттары Сенин жолуңда бекемделиши үчүн сыйынам. Сенин болушуң ал үчүн эч качан издөөдөн талыкпаган кубаныч болсун. Аны Сенин жолуң менен алып жүр жана Сенин жолдоруңдан тайып кеткен учурларда, аны дайыма тобо кылууга кайры. Анын Сенин алдыңда булганбай жүрүшүнө тоскоолдук кылган ар кандай жашыруун күнөөлөрүн ачып бер. Ылайым Сенин мыйзамдарыңды бузган кезде, аны өкүнүч кыйнагандай болсун. Анын жүрөгүн тазартып, адилеттиктин рухун жаңырт. Аны таштаба жана «Сенин Ыйык Рухуңду андан алба» (Заб. 50:12-13).
Теңир, Сен дененин каалоосу менен жашагандар Сага жага албастыгын айткансың (Рим. 8:8). Ошондуктан мен ал (күйөөңдүн аты) дененин каалоосу менен эмес, рухтун жетеги менен иш кылсын жана ошону менен бирге өзүн «эзүүчүнүн жолунан» (Заб. 16:4) сактасын деп сыйынам. Ылайым ал рухтун каалоосун аткаруу менен, рухтун жемиштерин: сүйүү, кубаныч, тынчтык, чыдамдуулук, ак көңүлдүк, боорукердик, ишенимдүүлүк жана момундукту алып келсин (Гал. 5:22-23). Өмүр бою ошол жол менен гана жүрүшү үчүн, аны ыйыктыктын жолунда бекемдеп кой.
Ошентип, Теңир үчүн туткун болгон мен силерден өтүнөмүн: Кудай тарабынан чакырылып алынганыңарга жараша жашагыла, бардык учурда момун, жоош жана чыдамдуу болгула, бири-бириңерге сүйүү менен мамиле кылып, көтөрүмдүү болгула.
Чындыктын жолунда жүргөн, чындыкты сүйлөгөн адам жашай алат. Талап-тоноодон тапкан пайданы жек көргөн, парадан колун тарткан, кан төгүүнү уккусу келбей кулагын жапкан, кыянаттыкты көргүсү келбей көзүн жумган адам жашай алат. Ал бийиктиктерде жашайт. Анын баш паанасы — адам бара алгыс аска, ага нан берилет, суусу түгөнбөйт.
Сүйүктүү бир туугандарым, Кудай бизге ушундай убадаларды бергендиктен, денебизди жана рухубузду булгаган ар кандай ыпластыктан арылалы, Кудайдан коркуу менен ыйыктыкка умтулалы.
Теңир! Ким Сенин турагыңда жашай алат? Ким Сенин ыйык тооңдо тура алат? Күнөөсүз жашаган, адилеттик кылган, жүрөгүндө чындыкты сүйлөгөн…
Менин көздөрүм жердеги ишенимдүүлөрдө, алар менин жанымда турушат. Күнөөсүз жолдо жүргөн адам Мага кызмат кылат.
Жыйырма төртүнчү бөлүм
Анын сөздөрү
Силер көп сүйлөп, бирок аз иш кылган адамдарды кездештирдиңер беле? Өздөрүнүн пландары менен мактанган, бирок аны ишке ашырууга аракеттенбеген көптөгөн эркектер бар. Негизи, мындай адамдар бир эле жерде турушат: «Түштөр түйшүктүн көптүгүнөн киргендей, акылсыздын үнү көп сүйлөгөнүнөн билинет» (Нас. 5:2). Өз максаттары үчүн сыйынып, аларды ишке ашыруу үчүн бир нерсе кылбай туруп, дайыма эле айта берүү менен, аларга жетүүгө мүмкүн эмес.
Силер качандыр бир кезде өзүн көзөмөлдөбөй эле оройлонуп, заар сүйлөгөн адам менен баарлашып көрдүңөр беле? Мындай адамды угуп турган адамдар ыңгайсыз абалга дуушар болушуп, тезирээк эле анын жанынан кеткенге аракеттенишет. «Кыжырдан, ачуудан, каардан, кыйкырыктан, заар тилден жана бардык жаман нерселерден арылгыла» (Эф. 4:31). Кимдин оозунан жаман сөздөр чыгып турса, Кудайдын батасы аны айланып өтөрү түшүнүктүү нерсе.
Дайыма эле арызданып жүргөн адамды билесиңерби? Эмне болсо да, ал баарынын эле жаман жагын көрөт. Бирок: «Бул дүйнөдө жылдыздай жаркырап турушуңар үчүн, кежир, бузулган, бул муундун арасында Кудайдын таза, кемчиликсиз, кемтиксиз уулдары болушуңар үчүн, бардыгын наалыбастан, шектенбестен кылгыла» (Флп. 2:14-15) деп айтылган. Жаман сөздөр өз артынан жаман таасирлерди алып келет, анан дайыма эле ошондой сөздөрдү сүйлөй берген адамдар жашоосунда көп нерсеге жетпей калат.
Силер өзүнүн айткан сөздөрүнүн мааниси тууралуу аз ойлонгон, өз оюн айтууда алаңгазардык менен сүйлөгөн адам менен жолуктуңар беле? Ал эмне деп жатканын салмактап көрбөй эле, эч нерсеге карабаган жеңил ойлуулук менен сүйлөй берет. «Адил адамдын жүрөгү ойлонуп жооп берет, ал эми мыйзамсыздардын оозунан жаман сөз чыгат» (Накыл. 15:28). «Алды-артын ойлобой сүйлөгөн адамды көрдүң беле? Ага үмүттөнгөнгө караганда, акылсызга көбүрөөк үмүттөнсө болот» (Накыл. 29:20). Өзү айткан сөздөрүнүн арты кандай болорун ойлобогон адамга жаман.
Силер өзүнүн сүйлөгөн сөзү менен башка адамдын жүрөгүнө: мүмкүн жубайына, баласына, досуна, коллегасына үмүтсүздүктү жана сыздаткан тынчсызданууну алып келген адамды жолуктурдуңар беле? «Өлүм менен өмүр тилдин бийлигинде, аны сүйлөгөндөр анын жемишинен татышат» (Накыл. 18:21). Мындай адам эң ириде өз жашоосун ойрон кылат.
Биздин айткан сөздөрүбүз өзүбүздү же актайт, же айыптайт (Мт. 12:37); алар бизге же кубаныч алып келет (Накыл. 15:23), же маскарачылык алып келет (Мт. 15:11). Биздин сөздөр башка адамды же шыктандырат, же анын жан-дүйнөсүнө дүрбөлөңдү алып келет (Накыл. 15:4). Биздин сөздөрүбүздүн натыйжасы ушунчалык олуттуу болгондуктан, алар бизди же маектешибизди же куткарат, же талкалайт (Накыл. 13:3).
Сүйлөгөн ар бир адам тандап сүйлөй алат, эгерде туура тандаган болсо, анда аны сыйлык күтөт: «Оозун жана тилин тыйган адам өз жанын жамандыктан сактайт» (Накыл. 21:23). Өзүңдүн күйөөңдүн сүйлөгөн сөздөрүн тыңдап көр, «анын оозунан» эмне чыгып жатат болду экен, анткени ал сөздөр сага анын жан-дүйнөсүнүн абалын айтып берет: «…жүрөк эмнеге толсо, ооздон ошол чыгат» (Мт. 12:34). Эгерде күйөөң дайыма эле наалып, баарына нараазылана берсе, же ал анын өзүн, же башка адамдарды ойрондоочу одоно сөздөрдү сүйлөй берсе, анда ал үчүн сыйын.
Ыйык Рух анын жүрөгүн тазаласын, аны Өзүнүн сүйүүсүнө, тынчтыгына, кубанычына толтуруп жана анын оозуна жаңы өмүр сөздөрүн салсын деп сыйын.
Теңирим, мен Сага Сенин Ыйык Рухуң менин күйөөмдүн оозун сактасын деп сыйынам. Ылайым анын оозунан жалаң гана акылман сөздөр чыксын. Аны арыздануудан, күңкүлдөй берүүдөн бошот; анын оозун чөйрөсүндөгүнүн баарын талкалап кете турган жаман сөздөрдөн тазала. Ал Сага жаккандай сүйлөшү үчүн, өзүн тартипке келтиргенди үйрөнсүн. Сенин Сөзүңдө жамандыктан жана жалган айтуудан өз тилин сактаган адам узак өмүр менен сыйланат деп айтылган (Заб. 33:13-14). Аны ушуга үйрөт. Анын оозунан жалаң гана өмүр берүүчү жана жаратуучу сөздөр чыккандай болсун. Менин жүрөгүмдө да ушундай кыл.
Биздин сүйлөгөн сөздөрүбүздө Сенин Рухуң падышачылык кылсын; ылайым бул сөздөр биздин өз ара түшүнүшүүбүзгө жардам берип, эч качан бизди жаралантпасын. Бири-бирибизге урматтоону билдиргенге, бири-бирибизди бекемдей турган, шыктандыра турган, ачыктыкка ыңгайлаштырган жана өз ара макулдашууга алып келе турган сөздөрдү сүйлөгөнгө бизди үйрөт. Теңир, Сен Өзүңдүн Сөзүңдө эгерде экөө Сенин атыңдан бириксе, Сен «алардын ичинде» болоруңду айткансың, биз экөөбүз өз ара макулдашууга ээ болушубуз үчүн, дайыма биздин арабызда бол. Биздин ойлорубуз да, сөздөрүбүз да «Сага жага тургандай болсун» Теңирибиз, Куткаруучубуз жана тирегибиз биздин (Заб. 18:15).
Оозуңардан эч кандай жаман сөз чыкпасын, тескерисинче, уккандарга пайдалуу боло турган, ишенимди бекемдей турган жакшы сөздөрдү сүйлөгүлө.
Силерге айтып коеюн, адамдар ар бир куру сөзү үчүн сот күнү жооп беришет.
Эгерде адам жашагысы келсе, жыргал турмушту көрүп, узак өмүр сүргүсү келсе, анда тилин жаман сөздөн, оозун жалган сөздөн сактасын.
Акылдуу адамдын оозунан чыккан сөз ырайым, ал эми акылсыздын оозунан чыккан сөз өзүн өлтүрөт.
Ооздон чыкканы жүрөктөн чыгат, адамды арам кылган мына ушу.
Жыйырма бешинчи бөлүм
Анын тобо кылуусу
Сьюзан бир нече жылдар бою күйөөсү Жерри баңги затты колдонгонду койсун деп сыйынып жүрдү, бирок кайра-кайра эле ал күйөөсүн баңгилигинин үстүнөн кармап алып жатты. Ал дайыма ант берип, өкүнүп, муну токтотом деген убадаларды берген менен өз убадасына тура албай жатты. Күйөөсү чын жүрөктөн тобо кылсын деп, анын өкүнүүсү аны толугу менен өзгөртүп, жашоосун башка багытка салсын деп Сьюзан тынымсыз сыйына берди. Тилекке каршы, Жерри Кудайга кайрылганга чейин, Андан бир нече оор сабактарды алууга туура келди. Натыйжада, Жерринин бүткүл жашоосу радикалдуу түрдө өзгөрдү. Бүгүнкү күндө ал таптакыр башка адам. Аялы Сьюзан менен биргеликте Кудайга кызмат кылуу менен, ал адамдарга мына ошол азгырыктан кутулууга жардам берет. Кудайга ишенген аял катары Сьюзан күйөөсүн Теңир чыныгы тобого алып келсин деп тынымсыз сыйынчу.
Бардык эле адамдар адашат, бирок кеп мында эмес. Кептин баары адамдар өз катачылыгын мойнуна албай калышкандыгында. Бул бүткүл дүйнө боюнча жайылып кеткен эпидемия сыяктуу. Ыйык Китепте: «Эгерде күнөөлөрүбүздү мойнубузга алып ачык айтсак, ишенимдүү жана адилеттүү Кудай күнөөлөрүбүздү кечирет жана бизди бардык адилетсиздиктен тазалайт» (1 Жкн. 1:9) деп айтылган. Бирок эгерде өзүбүздүн туура эмес иштерибиз үчүн өкүнбөсөк, мунун баары болбойт.
Кудайдын оюна ылайык, биздин жүрүм — турумубуздун өзгөрүү процесси үч кадамдан турат: биринчиден, Кудайдын алдында күнөөбүздү ачык айтышыбыз керек, башкача айтканда, өз катачылыгыбызды моюнга алышыбыз керек; экинчиден тобо кылыш керек, башкача айтканда, кылган иштери тууралуу өкүнгөнүн билдирүү керек; үчүнчүдөн, кечирим суроо керек, башкача айтканда, өз күнөөлөрүнөн тазаланыш керек. Эгерде ушул кадамдардын жок дегенде бирөөсүн жасаганга жөндөмдүү болбосо, анда көйгөйдүн тамырын өз текеберчилигибизден издешибиз керек. Кудайдын жана адамдардын алдында өз текеберлигин баш ийдире албаган, өз катачылыгын моюнга ала албаган адам өз жашоосун эле татаалдантып салат. «Өзүн акылман эсептеген адамды көрдүң беле? Ага караганда акылсыз адамга көбүрөөк үмүттөнсө болот» (Накыл. 26:12).
Мүмкүн, сенин күйөөңө өз күнөөсүн моюнга алуу кыйындыр. Мүмкүн, ал бир күндүн ичинде жыйырма жолу «кечир» деген менен, бирок жүрүм-туруму өзгөрбөгөндөрдөндүр. Кандай болгон күндө да, ага керек болгон бирден бир нерсе — өкүнүү. Чыныгы тобо кылуудан кийин, өзүң туура эмес кылган нерсени экинчи кайталаганга жол бербейсиң. Биз кайсы жерден күнөө кетирип койдук жана аны кантип жуушубуз керектигин бир гана Кудай ачып берет: «Кудай өз айкөлдүгү менен сени тобо кылууга жетелейт…» (Рим. 2:4). Тобо кылгандар Кудайдын ырайымына ээ болушат, биз болсо күйөөлөрүбүз Анын ырайымын кабыл алсын деп Теңирден суранганга милдеттүүбүз.
Көптөгөн эркектер өздөрүнүн жеке текеберчилигинин жана өз кемчилдиктерин моюнга алып, өкүнбөгөндүктөрүнүн курмандыгы болушкан. Биз булар тууралуу гезиттерден окуган материалдар аркылуу да билебиз. Жуулбаган күнөө эч жакка кетпейт. Рак шишиги сыяктуу эле ал жайылып кетип, жанды жейт. Күйөөң күнөөсүн көрүп, моюн сунуп, Кудай алдында күнөөсүн ачыкка чыгарсын. Анан күнөөсү үчүн өкүнүп жана эч качан катачылыгын экинчи кайталабагандай болсун. Кудай «эч кимдин өлүшүн каалабагандыктан, бардыгы тобо кылышы үчүн, бизге көпкө чыдайт» (2 Пет. 3:9).
Мындай сыйынуу сыйынып жаткан адамга оор келиши мүмкүн, бирок кийин өзүнүн кетирген катачылыгынын азабын тартып жүргөндөн көрө, оор болсо да, Кудай ага күнөөсүн азыр ачып берсин деп сыйынганы жакшы. Ачык айтпаганы менен, акыр аягында күйөөң сенин сыйынууларыңа ыраазы болот.
Теңирим, менин күйөөмө жашоосундагы бардык күнөөлөрүн Сен ачып бер деп сыйынам, «анткени ачылбай калчу жашыруун эч нерсе жок, билинбей калчу эч бир сыр жок» (Мт. 10:26). Аны ар кандай жашыруун күнөөлөрдөн арылт, ал кандайдыр бир туура эмес иш кылып койгон кезде, ал үчүн дароо өкүнүп тобо кылган болсун (Заб. 18:13). Ага өз каталыктарын моюнга алууну үйрөт; Сенин чындыгыңды көрүү үчүн, анын көздөрүн ач, Сенин үнүңдү угуш үчүн, анын кулактарын ач. Ал Сенин алдыңда өкүнүп, тобо кылсын. Эгерде ага азап тартууга туура келсе да, ылайым ал жуулбаган күнөөлөрдүн айынан анын жашоосун жаап калган душмандын кыйраткыч таасири себеп болбой, өкүнүп, кайгырган жүрөктүн азап чегүүсү болсун. Теңирим, мен «моюн сунуудан кийин даңк келерин» (Накыл. 15:33) билем. Өз каталыгын моюнга алууга тоскоолдук кылган текебердикти анын жүрөгүнөн алып сал жана Сен убада кылган даңкка жетиши үчүн, ага тил алчаактык бер.
Сүйүктүүлөрүм! Эгерде жүрөгүбүз айыптабаса, анда Кудай алдында кайраттуулукка ээбиз. Эмне сурасак да, Андан алабыз, анткени Анын осуяттарын аткарып жатабыз жана Ага жакканды кылып жатабыз.
...өз кылмыштарын жашырган адам ийгиликке жетпейт, ал эми өз кылмыштарын мойнуна алып, аларды таштаган адамга ырайым кылынат.
Кудайым, мени сынап, жүрөгүмдү бил; мени сынап, ойлорумду бил. Кара, мен коркунучтуу жолдо эмесминби, мени түбөлүктүү жолдо жетелеп жүр.
Мен унчукпай койгондуктан, ар күнү кыйнала берип, денем алсырап калды. Анткени менин үстүмдөгү колуң күндүр-түндүр кыйнады. Кургакчылык убагындагыдай, өң-түстөн кеттим. Бирок, мен Сага күнөөмдү ачык айттым, айыбымды жашырган жокмун: «Кылмыштарымды мойнума алып, Теңирге ачык айтайын», — дедим, ошондо Сен мени күнөөмдүн айыптоосунан куткардың.
Теңирдин кулуна урушуп-талашууга болбойт, тескерисинче, ал бардыгына кичи пейилдик менен мамиле кылуусу, үйрөтүүгө жөндөмдүү жана сабырдуу болуусу зарыл. Каршы чыккандарга момундук менен насаат айтышы керек. Чындыкты таанып билиши үчүн, Кудай аларды тобо кылдырар, алар өзүнүн эркине баш ийдирүү үчүн туткундап алган шайтандын торунан бошонушар.
Жыйырма алтынчы бөлүм
Анын бошонуусу
Мелисса күйөөсүнүн аракечтикке тартылып бара жаткандыгы үчүн абдан тынчсызданып жүрдү. Марк болсо толук маанидеги аракеч деле эмес болчу, бирок андан ушул оорунун симптомдору ачык эле көрүнө баштаган, анын үстүнө, анын атасы нагыз аракеч болчу. Мелисса Марк менен балдары ошол ооруну мурасташпаса экен деп сыйынып жүрдү. Ал Кудайдан ал тургай, аракечтиктин кичинекей белгилери да балдардан көрүнбөсүн деп суранчу. Анын күйөөсү аракеч болуп кеткен жок, алардын балдары да спирт ичимдиктерине эч кандай кызыгышпайт. Мелисса өз сыйынууларына жооп кылып, Теңир анын балдарын бул оорудан кантип сактап калганын көрдү.
Үйлөнгөндөн көп өтпөй Стефани күйөөсү Жейсондун өз ичинде бузуктук менен күрөшүп жүргөнүн түшүнөт. Аны аялын сүйбөйт деп айтууга болбойт эле, бирок ал бойдоктук жашоосу менен такыр эле коштошо албай жатты. Ал өзүнүн ылгабаган байланыштарынын айынан денелик кызыгууларын тыйганга күчү жетпей жатты. Күйөөсү кандай кулчулукта жүргөндүгүн көргөн Стефани анын бошонушу үчүн сыйына баштады. Жейсон өзү деле бул асылган оорудан кутулууга суусап тургандыктан, алар жалпы максаттарына тез арада эле жетишти.
Ар бирибиз эле бизди кул кылууга аракеттенген жаман адаттардан кутулууга муктажбыз. Кудай бул жөнүндө билет. Эгерде биз муктаж болбосок, Ыйса бизге Куткаруучу катары келмек беле? Ал эмне үчүн: «Бизди амалкөйдөн куткар» (Мт. 6:13) деп сыйынууга үйрөттү эле. Эмне үчүн Ал бизге азгырыктардан куткарууну (2 Пет. 2:9), жаман адамдардан куткарууну (Заб. 139:2), бизди өлүмгө алып баруучу азгырыктардан (Накыл. 24:11), бардык кыйынчылыктардан (Заб. 33:18), өлүмдөн куткарып алууну (2 Кор. 1:10) убада кылды эле? Бизге жардам бергиси келгендиктен эмеспи? Ал муну кылгысы келет, кылууну каалайт, биз болгону Андан бул тууралуу суранышыбыз гана керек? Ал: «Башыңа кыйынчылык түшкөн күнү Мени чакыр, Мен сени куткарам, сен болсо Мени даңктайсың» (Заб. 49:15) деген.
Азап тартып, өлүмгө алып бара тургандай коркунучтуу кырдаалдардын темир кыпчуурунда тургандай кырдаалдарга туш келген кезибизде, Кудай биздин муктаждыктарыбызды көрүп тургандыгы жана куткаруу тууралуу жалбарган сыйынуубузду угуп тургандыгы кантип эле бизди соорото албасын. «Анткени Ал өзүнүн ыйык бийиктигинен жерди карап турат. Теңир асмандан жерге көз салып турат. Ал туткундардын онтогон үнүн угат, өлүмгө кыйылган уулдарды куткарат» (Заб. 101:20-21). Кудайдын колу бизди арылгыс айлампадан жана үмүт үзүлгөн, айласыздыктан куткарып аларын билүү кандай жакшы (Заб. 24:15). Биздин кимибиз буга муктаж эмеспиз?
Ал тургай, сенин күйөөң өз муктаждыгын моюнга алууга жөндөмсүз болсо деле, ага жардам бер. Анткени кээ бир эркектер чыныгы үмүтсүздүккө чөгүп кетишет, ал эми аялынын сыйынуусу аны бошотууну талап кылган курал болуп эсептелет. Куткаруучуга күйөөңдү бардык көз карандылыктан бошот деп сыйынсаң болот. Сен күйөөңдүн буттарын тушап, тырыштыра кармоого аракеттенип жаткан душманга тайманбастан каршы турсаң болот. Апостол бизди: «Машайак бизге тартуулаган эркиндикте жашагыла, кайрадан кулчулуктун моюнтуругун кийбегиле» (Гал. 5:1) деп үйрөтөт. Мен өзүм жана күйөөм үчүн сыйынып жатып, Кудайдын бардык куралдары менен куралданам, мына ушул бекем туруу үчүн мага белгилүү болгон ыкмалардын эң бир натыйжалуусу. Менин сыйынуум мындай:
Теңирим, башыбызга кыйынчылык түшкөндө Сени чакырсак Сен бизди куткарарың тууралуу айткансың (Заб. 49:15). Мен азыр Сенден күйөөмдү аны байлап жаткан бардык азгырыктан (азгырыктын атын айт) сакта деп сыйынам. Ага жардамга кел жана ага таштай бекем чеп бол, баш пааналай турган үй бол (Заб. 30:3) жана аны душмандын колунан куткар (Заб. 30:16).
Ага өзүндөгү мыйзамсыздыктарды көрүүгө жана Сага кайрылганга жардам бер. Эгерде куткарылуу сыйынгандан кийин дароо эле келбесе да, ага үмүтүнөн ажырабаганга жана Сен анда баштаган жакшы ишиңди аягына чыгарарыңа болгон ишеним бер (Флп. 1:6). Теңир, менин күйөөмө таптакыр үмүттөнүүгө болбогон кырдаалдарды да өзгөртүүгө Сенин күчүң жетээрине болгон ишеним бер.
Ага «биз адамдарга каршы эмес, башчыларга, бийликтерге, бул караңгы дүйнөнүн башкаруучуларына жана асман астындагы жаман рухтарга каршы күрөшөрүбүздү» (Эф. 6:12) түшүнүүгө жардам бер. Азаптуу күндөрдө шайтандын азгырыктарына каршы туруу үчүн, менин күйөөм Кудайдын бардык куралдарына ээ болсун деп суранып сыйынам. Ага үстүнө адилеттиктин соотун кийип, белин чындыктын куру менен курчап, дүйнөгө Жакшы Кабарды таратууга даяр турган бут кийимди кийгенге, башына куткаруунун туулгасын кийип, колуна ишенимдин калканын алып жана эки миздүү кылыч болгон Кудайдын Сөзүн алууга, туруктуулук менен чарчабастан кечирим сураганга жана сыйынууга жардам бер (Эф. 6:13-18).
Теңир менин тирегим, баш паанам, куткаруучум; Кудайым менин аска-зоом. Мен Ага гана таянам. Ал менин калканым, куткаруучу мүйүзүм, таянычым. Табынууга татыктуу Теңирдин атын чакырып, душмандарымдан кутулам.
Мени сүйгөндүгү үчүн, аны куткарам, коргойм, анткени ал Менин ысымымды таанып билди.
Ал асмандан колун сунуп, мени алды, мени чоң суулардан тартып чыгарды. Мени күчтүү душманымдан, менден күчтүү болгон жек көрүүчүлөрдөн куткарды. Алар мага башыма мүшкүл түшкөн күнү каршы чыгышты. Бирок, Теңир мага жөлөк болду. Ал мени кең жерге алып чыкты, мени куткарды, анткени Ал мени жакшы көрөт.
Анткени Сен менин жанымды өлүмдөн куткардың, Кудайдын алдында, тирүүлөрдүн арасында жүрүшүм үчүн, бутумду да мүдүрүлткөн жоксуң.
Теңирдин Руху менде, анткени Ал мени жакырларга Жакшы Кабар таратууга дайындады. Мени жүрөгү жаралууларды айыктырууга, туткундарга боштондук жарыялоого, сокурлардын көзүн ачууга, кыйналгандарды эркиндикке чыгарууга… жиберди.
Жыйырма жетинчи бөлүм
Анын тил алчаактыгы
Лиза күйөөсү Жонатан рухта ал сыяктуу өсө албаганына тынчсызданчу. Ошол мезгилде анын Теңир менен болгон мамилеси күн сайын бекемделип жатканда, күйөөсүнүн Теңир менен болгон байланышы абдан алсыз экени көрүнүп турган. Анын «руханий токтоп калуусу» Лизаны кейишке салган, анткени ал жашоонун ушул маанилүү жагына экөө бирдей катышуусун, рухта күйөөсү менен чогуу өсүүнү кыялданчу. Үй-бүлөдөгү руханий сүйрөп жүрүүчү роль аны эч бир алаксыта алган жок. Анткени, Жонатан анын бул тема боюнча сүйлөшөйүн деген аракеттеринин баарын токтотуп коюп жатты. Ал жумушта ушунчалык иш көп болгондуктан, Теңир менен сүйлөшүүгө жана Кудайдын Сөзүн окууга убакыт болбой жатат деп актанчу. Анын үстүнө ал жуманын аягында дайыма командировкаларга кетип, үй-бүлөсү менен бирге жыйынга да бара албай калчу.
Лизаны баарынан да көбүрөөк тынчсыздандырган нерсе Жонатандын бул жөнүндө такыр камырап да койбогондугу эле. Бул абал анын жумушунда көйгөйлөр башталганга чейин улана берди, анткени ал өз милдеттерин аткарууда жетишерлик ийгиликке жете албай жүрчү. Ошондой эле, анын абалы дүрбөлөңдөнгөн абалга жакыныраак болуп, күчү кетип, бул жүктү көтөрүү ага уламдан — улам оор болуп баратты. Ал эми Лиза эгерде Жонатан күн сайын Кудай менен болгон баарлашуу аркылуу алган руханий күчтү көргөндө, анын жашоосу жакшы жагына өзгөрөөрүн билген. Ал ошондой эле, күйөөсү аны уккусу келбей жатканын да билчү.
Кудай Жонатанды тил алчаактыкка чакырганын түшүнүп турса да, Лиза унчукпоону чечти. Күйөөсү менен күн сайын кыжыңдаша берүүнүн ордуна, Теңирден күйөөсүн Кудайдын Рухуна толтурууну суранып жатты. Сыйынуу туруктуу болуп жатканына карабастан, бир нече ай бою көрүнүктүү деле өзгөрүүлөр байкалбагансыган, бир күнү эрте менен Жонатан жөн гана: «Бүгүн мен офиске бир аз эртерээк барам. Жумуш күнү башталганча өзүм жекече Теңир менен чогуу болгум келет» деди. Лиза болсо унчукпай туруп, Теңирге ыраазычылыгын билдирди.
Ошондон баштап, кээде эле андай болбой калбаса, Жонатан Ыйык Жазууну окуп жана сыйынууга жетишип калуу үчүн жумушка адаттагыдан эрте кетип жүрдү. Бул эки жыл мурда болгон болчу, а бүгүн болсо, анын Кудайдын парыздарына болгон тил алчаактыгы анын жашоосунун башка жактарына да таасирин тийгизүүдө: ал денелик көнүгүүлөр менен машыгат, туура тамактанат, ашыкча салмагынан арылды, ал мурда булар тууралуу кыялданып гана жүрчү, жалпысынан алганда, ал жашоосунун жаңы позициясында бекемделип алды. Кудайдан башка ким мындайды ишке ашыра алмак?
Эгерде күйөөң туура эмес жолдо баратканын көрүп турсаң, ага бул тууралуу айтыш керекпи? Эгерде ооба дей турган болсоң, анда кантип жана качан айтыш керек? Менин жеке тажрыйбамдан улам айтарым, алгач бул тууралуу Кудайга айткан туура, мейли Ал биринчи баарын өзүнүн таразасына салып көрсүн. Мүмкүн ал сени Лиза сыяктуу тынчтанып, сыйынууга чакыраттыр; мүмкүн бул темада күйөөң менен сүйлөшүү зарылдыгын айтаттыр. Ошондо күйөөң сенин сөздөрүң аркылуу Кудайдын үнүн угаттыр, албетте күйөөң менен сүйлөшүүнүн алдында сыйынган болсоң. Күйөөңдү «жей» берүүнүн кереги жок, андан көрө унчукпай койгон эле жакшы, болбосо кырдаалды курчутуп аласың. Анын өкүнүп түшүнүүсү сенин кеңештериң менен көрсөтмөлөрүңө караганда чындыкты көбүрөөк көрүү үчүн, анын көздөрүн ачсын деп сыйын. Сен аны туура иш кылуу үчүн жандандыра аласың жана ал дайыма Кудайдын парыздарын карасын деп сыйына аласың, бирок ага чечүүчү таасирди Теңир гана тийгизе алат.
Эгерде ал өзү тил алчаактыкка үйрөнбөсө, бир дагы адам Кудай ал үчүн даярдап койгон баталарды алууга бара албайт. Дайыма өз оюн ачык-айкын билдире алган Ыйса минтип айткан: «Эгерде түбөлүк өмүргө ээ болууну кааласаң, Анын осуяттарын аткар» (Мт. 19:17). Эгерде адамдын өзүндө Кудайга тил алчаак болуп, Ага жакканды кылып жатканына көзү жеткен ишеним болбосо, анда эч нерсе адамга тынчтык менен ишенимдүүлүктү алып келе албайт. Эгерде күйөөң Анын парыздарында жана Анын жолдорунда ишенимдүү болсо, анда Кудайдын Сөзү ага ырайымды убада кылат (Заб. 24:6-10); бул ага тынчтыкты (Заб. 36:37), бакытты (Накыл. 29:18), молчулукту (Накыл. 21:5), батаны (Лк. 11:28) жана өмүрдү (Накыл. 21:21) убада кылат. Тил албастыктын түбү жакшылыктарга алып келбейт (Накыл. 15:10): тил албастын сыйынуусу угулбаган бойдон калат (Накыл. 28:9) жана ал Кудай Падышачылыгындагы түбөлүк өмүрдөн ажырап калат (1 Кор. 6:9).
Тил алчаактыкта жүрүү деген — жөн гана Кудайдын эркин аткаруу эмес, Теңирдин айкын бир буйруктарын аткаруу дегендик. Мисалы, Теңир сенин күйөөңө эс алууну буйруп жатса, ал баш ийбесе, анда бул — тил албастык. Эгерде Кудай кандайдыр бир ишти калтыр деп жатса, күйөөң өз билгениндей аны уланта берсе, анда бул — тил албастык. Эгерде Кудай аны башка жакка көчкүн деп жатса, ал баш ийбесе, бул да — тил албастык.
Бирок Кудайдын буйругун аткарган адам өз үйүн таш үстүнө курган болот. Анын үйү шамал согуп, жамгыр төксө да кулабайт (Мт. 7:24-27). Сен албетте күйөөң курган үй анын тил албастыгынын айынан урап калышын каалабайсың да, туурабы? Сен күйөөңдүн насаатчысы же көзөмөлдөөчүсү эмессиң, бирок сен Кудайдын колдоосун алгандан кийин, ал үчүн сыйына аласың.
Эгерде эч нерсеге карабастан, күйөөңдүн азоолонгон кежирлиги силердин үйүңөргө бактысыздык алып келе турган болсо деле, Кудай сенин тил алчаактыгыңды баалайт дагы сени кыйроодон сактап калат. Ал сага өз баталарын төгүп берет жана сенин жоготкондоруңду толтуруп берет. Бирок, бир гана сенин күйөөң дайыма эр жүрөктүүлүккө, күч-кубатка ээ болуп жана анда Кудайдын эркин аткарууга карата каалоо болсун деп, Кудайды угууну токтотпосун деп сыйынууну уланта бер.
Теңирим, Сен өз Сөзүңдө кимдин жүрөгүндө мый замсыздык падышачылык кылып жатса, аны укпастыгың тууралуу айткансың (Заб. 65:18). Менин сыйынууларымды ук жана мен Сенин жана күйөөмдүн алдында кайсы жерден күнөө кетиргенимди көрсөтүп бер. Мага көрсөтүп берчи, мен аны жетишерлик сүйөмүнбү, ага кек сактап, таарынып жаткан жокмунбу, Сен аялга парыз кылгандай болуп ага кызмат кылып жатамынбы, ушунун баарын көргөзүп бер. Теңирим, айтсаң мага, мен Сага тил алчаакмынбы, менин жашоом Сага жаккандай жашообу? Мен өз күнөөлөрүмдү Сенин алдыңда ачыкка чыгарам жана Сенин кечиришиңди сурайм.
Мен Сага ага (күйөөңдүн аты) Сенин парыздарыңды ээрчип жана Сенин жолуңда жүрүп жашаганга каалоо бер деп сыйынам. Ага өзүңдүн ойлоруңду ачып бер жана Сенден болбогон бардык нерсени андан алып сал. Ылайым анын бардык иштери, ар бир ойлору Сенин жетекчилигиңде болсун. Аны жакшы иштерди кылууга шыктандыр, адамдар тууралуу жаман сүйлөгөнгө тыюу сал, ага бардыгына момундук жана чыдамкайлык менен мамиле кылганды жана баш ийүүнүн үлгүсү болуп калганды үйрөт (Тит. 3:1-2). Ага өзүн тартиптүү алып жүрүүнүн жана тил алчаактыктын маанисин түшүнүүнү үйрөт. Ага адилеттигине жана «колунун тазалыгына» жараша тиешелүү сыйлыгын бер (Заб. 17:21). Ага Сенин жолдоруңду көрсөт Теңир, Сенин чындык жолуңда жүргөндү үйрөт, анткени Сен аны куткарган Кудайсың (Заб. 24:4-5).
Ал Сени даңктасын, анткени качан биз даңктаганыбызда жашообуз маңыздуу болот, жашообуз такыр өзгөрүлөт, биз Сенин буйруктарыңды аткарып жана Сага баш ийүү үчүн, Сенден күч алабыз. Менин күйөөмө Сенин парыздарыңа толук тил алчаак болуунун натыйжасында гана келе турган, Сенин эркиңди аткарууну каалаган жүрөк бер.
Уулум! Менин акыл-насааттарымды эсиңден чыгарба, жүрөгүң осуяттарымды сактасын. Анткени алар сага узун өмүр, узак өмүр жаш, тынчтык берет. Сени ырайым менен тынчтык таштабасын. Буларды мойнуңа байлап ал, жүрөгүңдүн лоокторуна жазып ал.
Мени «Теңир! Теңир!» дегендин баары эле Асман Падышачылыгына кирбейт, асмандагы Атамдын каалоосун аткаргандар гана кирет.
Мыйзамды уккусу келбей кулагын жапкан адамдын сыйынуусу да жийиркеничтүү.
…Менин үнүмдү уккула, ошондо Мен силердин Кудайыңар болом, силер болсо Менин элим болосуңар, силерге жакшы болушу үчүн, Мен силерге буйрук кылган бардык жол менен жүргүлө.
Жыйырма сегизинчи бөлүм
Анын өзүн баалоосу
Эмне үчүн башка, анчалык деле зээндүү, идиректүү эмес адамдар жашоосунун бардык жагынан ийгиликтерге жетишип жатканда, абдан таланттуу, жөндөмдүү адамдар «жабык эшиктерге» же «жок» деген баш тартууларга дуушар болушат? Бул адилеттүү эместей сезилет. Мүмкүн убакыт факторун да унутпашыбыз керектир. Кудайда бардыгы өз убагында болот; Ал акырындык менен, биз үчүн өзү камдап койгон нерсеге бизди даярдап отурат. Эгерде биз Кудайдын оюн көрө алсак жана ушул алтын эрежеси эсте болсо, анда Анын пландарынын аткарылышын тынчтык менен эле күтө беребиз.
Бул жерде дагы бир маанилүү факторду — өзүбүздү баалай билүүнү эске алышыбыз керек. Өзүн төмөн баалаган адамды дайыма өз кылган иштери жана башка адамдар менен болгон мамилелери тууралуу шектенүү кыйнай берет. Анын өзүнө ишене албастыгы анын өзүнө карата, досторуна, коллегаларына, ал тургай, бейтааныш адамдар менен болгон мамилесине таасир этет. Четке кагылган сезимге макул болуу менен ал ошондой болуп кала берет.
Жашоосунда туш келген туңгуюктан чыгуучу жолду издеп жүрүп Дэн кейишке түшүп кетти: ал өзүнүн ким экенин, эмнеге жөндөмдүү экенин, дегеле бир деме колунан келер-келбесин да билчү эмес. Анын өзүн өзү чектен тышкары эле «каза бериши» аялы Синди менен болгон мамилесин абдан эле курчутуп жиберди. Ал канчалык күйөөсүнө жардам берүүгө аракеттенгени менен, күйөөсү аны укчу эмес. Ага анын алсыздыгынын жана туш болгон кырдаалды кантип чечүүнү билбестигинин айынан аялы шылдыңдап жаткандай туюлчу. Ошондуктан Ден аялынын бардык сунуштарын таптакыр четке какчу, аялы болсо өзүнүн аны ишендирүүгө болгон ийгиликсиз аракеттерин кайталай берди. Синди күйөөсүнө таасир этүүгө канчалык активдүү киришкен сайын, Ден ошончолук андан алыстай берди, акыр аягында толук аргасыздыктагы кырдаал аны аялынан таптакыр алыстатып салды.
Түшүнүктүү эле болуп тургандай, мындай мамилелер ажырашуу менен бүтүшү мүмкүн эле. Бирок Синди күйөөсү менен тиреше берүүнүн ордуна, ал үчүн сыйынууну түшүндү. Ал Теңирден Дендин эмне болуп жатканын, анын чын жүрөктөн күйөөсүнө жардам бергиси келгенине карабастан, ага каршы чыга беришинин себебин көрсөтүп берүүнү суранды. Кудай ага Дендин өмүр бою жолу болбой жашап өтүп кеткен атасынын мурасынын айынан, өзүн толук баалуу адам катары баалай албагандыгы алардын ортосундагы ыйкы-тыйкылыкка себеп болуп жатканын көрсөтүп берди. Бирок, бул көйгөйдүн булагы кандай болгондугуна карабастан, Синди анын күйөөсүн өзгөртүүгө Кудайдын кудурети жетерине ишенген.
Ал Кудай Денди карыштыра байлап турган кишенди үзүп салмайынча жана анын жубайын Ага жаккандай кылып өзгөртмөйүнчө сыйына берүүнү чечти. Ал Кудайдан Денге өзүнүн Кудайдын баласы экендигин түшүнүүгө жардам бер деп суранып сыйынды. Синди ошондой эле, күйөөсү анын сөздөрүн сындап жаткандай кабыл албай, шыктандырып жаткандай кабыл алышы үчүн, Кудай аны Ден менен денедегидей эмес, руханий адамдай сүйлөшүүгө үйрөтсүн деп суранып сыйынды.
Бир нече айлар өткөндөн кийин гана Синди өзүнүн сыйынуусуна алгачкы жоопторду ала баштады, бирок ал жооптор маанилүү өзгөрүүлөрдү камтып турган эле. Ден аялынан өзүнүн союздашын көрө баштады. Алар мындан ары биргеликте аракеттенүү үчүн, макулдашууга келишип жана күрөштү токтотушту. Ал жыйынга келип, Ыйык Жазууну тереңирээк түшүнүү үчүн көбүрөөк окуй баштады. Акырындык менен ал өзүн Кудайдын эң бир сүйүктүү баласы катары көрүп, өзүнө «эволюциянын ийгиликсиз продукциясы катары» карабай калды. Анын өзүн өзү баалоосу канчалык жогору көтөрүлгөн сайын, Ден өзүнүн чыныгы статусун ошончолук айкыныраак көрө баштады, ал ансайын өзүнүн көз алдында маанилүү көрүнө баштады. Анын алдында жаңы мүмкүнчүлүктөр да ачыла баштаганы таң калыштуу деле болбой калды. Ал өзү көптөн бери күтүп жүргөн ийгилик жана өзүн кабыл алуу ага келе баштаганын түшүндү.
Эгерде сенин күйөөңө өзүнө карата болгон мамилесин өзгөртүүгө туура келип жаткан болсо, анда чыдап тур. Ушунча жылдан бери кыймылдабай турган стереотиптерди бир эле кол шилтөө менен кыйратып салууга мүмкүн эмес да. Ошентсе да, сен Кудайдын чындыгын угууга тоскоолдук кылуу максатында күйөөңө жалган ойлорду таңуулап жаткан душманды кыйрата ала турган Кудайдын жардамына ишенсең болот. Сен канчалык өтүнүп сыйынган сайын, күйөөңдүн көйгөйлөрүнүн так себептерин Кудай сага ачык көргөзүп бере баштаганын көрө баштайсың. Башкача айтканда, сыйынууңдун жүрүшүндө эле, Ал сага кантип сыйынуу керектигин үйрөтөт.
Орто жашка келип калган эркектерди алардын жашоосуна келген кризистерден ушул айкын сыйынуулардын жардамы менен сактап калууга болоруна ишенем. Эркектер 50 жаштан ашкандан баштап, алардын жан-дүйнөсүндө узак жылдардан бери чогулуп калган «шлактар» мурда аларды тосуп турган, көрүнбөгөн дамбалары эскирип калгансып, курактары жогорулаган сайын уулуу агым менен агып чыга баштайт. Эгерде ал тосмолорду жарып ага турган болсо, анда анын өзүн алыска чейин агызып кетчүдөй. Ушул оор убактарга туруштук берип тура алары алардын Теңирде канчалык бекемделишине жараша, өзүнөн Теңирдин образын канчалык көрө билишине жараша болот.
Кудай бизди биринчи кезекте Ага кайрылууга — Аны издөөгө, Анын парыздарын аткарууга, өзүбүздүн жеке амбицияларыбызды экинчи орунга жылдырып, Аны биринчи орунга коюуга чакырат. Качан биз Кудай менен бириккенибизде, Ал биздин жашообузду жетектей баштайт: жолду Ал көргөзүп берет, а бизге болсо, бир гана Аны ээрчүү калат. Качан биз Ага караганыбызда, Анын даңкынын жаркыраган учкундары бизден чагылышып көрүнө баштайт жана Анын образы бизде мөөрлөнө баштайт. Качан биз бүткүл жүрөгүбүз менен Кудайга кызмат кылганыбызда, анда өзүбүздү өзүбүз жоготуп коебуз, мына ошондо чыныгы бошонууга ээ болобуз. Биз күйөөлөрүбүзгө ушундай бошонууну каалайбыз.
Сенин күйөөң Кудайдын табиятын түшүнмөйүнчө, өзүн чындыктын жарыгында көрө албайт. Сыйынууңда сенин күйөөңө өзү жөнүндөгү чындык ачылсын деп суранып сыйын.
Теңирим, мен ал (күйөөңдүн аты) өзүнүн Сага окшошуп жаралганын көрсүн деп сыйынам. Ага Сенин көз алдыңдагы өз баалуулугун көрө билүүгө жана Сенин талаптарыңа жооп бергендей болгонго жардам бер. Сен аны сыйлап берген таланттарыңды ал көрсүн жана аларды өзүнүн татыктуулугуна жараша баалай билсин. Ылайым ал өзүн Сенин көздөрүң менен карап жана «аны периштелердин алдында бир аз убакытка эле басынтканыңды, ага урмат менен атак-даңкты таажы кылып кийгизгениңди, аны өз колуң менен жасагандарыңдын үстүнө башчы кылып коюп, бардыгын …анын бут астына койгондугуңду» (Заб. 8:6,7,9) түшүнсүн. Ага каршы шыбыраган бардык Сенден болбогон үндөр өчсүн; анын кулактары жетишкен ийгиликтери анын жеткилеңдиги эмес, Сенин жеткилеңдигиң экендигин айтып турган Сенин үнүңдү угуу үчүн ачылсын.
Ага ал «Кудайдын бейнеси жана даңкы» (1 Кор. 11:7) экендигин, ал «…бардык башчылыктын жана бийликтин башчысы болгон Анын ичинде толуктукка ээ» (Кол. 2:10) экендигин көргөз. Аны Сен кабыл алганыңды, аны четке какпастыгыңды көргөз, ушул түшүнүк ага тынчтык жана жан-дүйнөсүндөгү коопсуздукту алып келсин. Жанын шектенүүлөр кыйнабасын үчүн, өзүн кечке эле текшерип, талдай берүүдөн аны бошот. Ал Сени кандай болсоң, ошондой кылып көрө алсын жана анын жаны Машайактын бейнесинин көчүрмөсүн алып жүрсүн.
Анткени Кудай мурунтадан билген адамдарын өзүнүн Уулуна окшош кылууну алдын ала белгилеп койгон. Ал бир туугандарынын туну болушу керек.
Биз баарыбыз жабуусуз жүзүбүз менен Теңирдин даңкын чагылдырып турабыз. Биз Ага окшошкон сайын, бир даңктан бир даңкка өтүп, өзгөрүлүп жатабыз. Бул Теңирдин Руху аркылуу болуп жатат.
Бири-бириңерге жалган айтпагыла, анткени эски табиятыңарды жаман иштери менен бирге чечип салып, жаңы табиятты кийгенсиңер. Кудайды таанып билүү аркылуу Жаратуучунун бейнесине окшошуу үчүн жаңыланып турган жаңы табиятты кийгенсиңер.
Сөздү угуп, бирок аткарбаган адамды күзгүгө каранып, ары басары менен өзүнүн кандай экенин унутуп койгон адамга окшоштурса болот. Жеткилең мыйзамга, эркиндиктин мыйзамына, дитин коюп, ошол мыйзам боюнча жашаган адам унутчаак угуучу эмес, аткаруучу болуп, өз иш-аракетине н бакыт табат.
Тур жаркыра, Иерусалим, анткени Теңирдин даңкы сенин үстүңдөн чыкты!
Жыйырма тогузунчу бөлүм
Анын ишеними
Эч нерсеге ишенбегендигин далилдегиси келген адамды угуу дайыма күлкүнү келтирет. Мен бул чындык эмес экендигин билем. Бардык эле адамдар ишеним менен жашашат, бирок ар кимдин ишеними ар бөлөк. Дарыгерге кайрылуу менен силер анын койгон диагнозунун туура экендигине ишенгиңер келет; дарыканага рецептти берип жатып, анда жазылгандарга ишенесиңер; ресторанда түштөнүп отуруп тейлеп жаткан адамдар силерди ууландырып койбостугуна ишенесиңер (чынбы, кээ бир ресторандар башкаларына караганда ишенимге көбүрөөк киришкен). Ар бир адам бир нерсегедир ишенет; ар бирине Кудай «ишенимине жараша» кылып «бөлүп» берген (Рим. 12:3).
Эмнеге ишенишибизди биз өзүбүз билебиз. Кээ бир адамдар өздөрүнө ишенишет, кээ бирөөлөр өкмөткө, үчүнчү бирөөлөр болсо жамандыкка, төртүнчүлөрү дагы бир нерселерге: илимге, гезиттегилерге, өзүн арнап койгон эмгекке, башка адамдарга, ал эми кээ бирөөлөр Кудайга ишенишет. Мага тааныш адамдардын ичинен бир гана аял эч нерсеге ишенчү эмес. Бирок ал психиатриялык ооруканада өз өмүрүнүн аягына чыкты, анткени ал акыл-эсинен ажырап калган болчу. Ишенимсиз жашоого мүмкүн эмес.
Ошондой эле, ишенимсиз өлүүгө да мүмкүн эмес. Бул өмүрдүн чегинен өткөндөн кийинки биздин келечегибиз да, биздин ишенимибизге жараша болот. Эгерде силер Ыйсага ишенген болсоңор, анда камырабай эле койсоңор болот, анткени «Машайак Ыйсаны өлгөндөрдүн арасынан тирилткен Кудайдын Руху….силердин ичиңерде жашаган өз Руху менен силердин өлүк денеңерди да тирилтет» (Рим. 8:11). Башкача айтканда, эгерде Машайак Ыйсаны өлгөндөрдүн арасынан тирилткен Кудайдын Руху силердин ичиңерде жашап жатса, анда Машайак Ыйсаны өлгөндөрдүн арасынан тирилткен Ал, сени да Машайакты кандай тирилтсе, так ошондой кылып эле тирилте алат. Келечекке карата болгон ишеним биздин азыркы жашоо образыбызды аныктайт; келечектеги түбөлүк өмүргө карата болгон ишенимибиз жердеги жашообузга карата ишенимдүүлүк берет.
Кандай гана таң каларлык ой! Сокурду айыктырып жатып, Ыйса аларга мындай деген: «Ишенимиңерге жараша болсун» (Мт. 9:29). Өзүңдүн Кудайга болгон ишенимиңди кайрадан карап чыгууга карата каалоо жокпу? Эгерде «ооба» дей турган болсоң, анда жакшы. Анткени, мындай абалда биз өз жашообуздун жыйынтыгына азбы же көппү таасир этүүгө жөндөмдүү боло алабыз. Биздин жашообуз кокустуктардын эркине өткөрүлүп берилбейт; биздин келечегибиз ишенимибиз аркылуу аныкталат.
Биздин ар бирибизди мезгил-мезгили менен шектенүүлөр курчап алат. Ал тургай, Ыйса дагы эмне үчүн Аны Кудай Ата таштагандыгын сураган. Бул демек, Ал Кудайдын бар экендигине же Ага келип жардам бере ала турган жөндөмдүүлүгүнө шектенген дегенге жатпайт. Ал жөн гана ташталып каларын күткөн эмес. Адатта, биз Кудайдын бар экендигинен жана Анын бизге жардам бере аларынан шектенбейбиз деле, бирок биз Анын биздин жашообузга токтоосуз кийлигишеринен шектенебиз. Биз өз оюбуз менен: албетте, менин көйгөйлөрүм менен алектенүүгө Кудай бошобойт деп ойлойбуз. Бирок чын-чынына келгенде андай эмес.
Сенин күйөөңдү да шектенүүлөр каптайбы? Эгерде каптаса, анда сенин сыйынууларың анын жашоосунда анын ишенимин бекемдөөдө чыныгы бурулушту жасай алат. Ал тургай, ал али ишене элек болсо да, анын жүрөгүндө ишеним пайда болсун жаны тынчтансын деп сыйынсаң болот. Сенин күйөөңдүн турмушунда Кудайга ишенүү менен жеңе албай турган эч нерсе болбойт. Ыйса айткандай, Ага «ишенген адамдын ичинен тирүү суу чыгат» (Жкн. 7:38). Мына ушунун өзү эле мурдагы ар кандай ооруларды, тынчсызданууну, коркунучту, апатияны, үмүтсүздүктү, капаны, шектенүүнү «жууп кетүүгө» жетишерлик эмеспи. Анда кел, сыйыналы.
Теңирим, мен Сенден суранам, анын (күйөөңдүн аты) Сага болгон ишенимин бүгүн эле бекемдей баштачы. Ага Сенин Сөзүңө, Сенин баталарыңа, Сенин жолуңа жана Сенин кудуретиңе көбүрөөк ишенгенге жардам бер. Ылайым ал Сени менен сүйлөшкөнгө жана Сенин үнүңдү укканга суусап турган болсун. Ага Сенден бир нерсе сурап эле кайрылбастан, Сени менен болуудан ырахаттанганды үйрөт. Ал Сени издесин, бардыгында Сага таянсын, Сени ээрчисин, Сени биринчи орунга койсун жана өзүнүн бардык ишинде Сени көрсүн. Теңир, Сен: «ишеним уккан сөз аркылуу пайда болот, ал эми уга турган сөз — Кудайдын сөзү» (Рим. 10:17) деп айткансың. Аны Сенин Сөзүңө абдан тойгуз, ал Сени менен ар кандай кыйынчылыктарды жеңип кетерине ишенгендей болсун (Мт. 19:26). Ага Сенин өз убадаларыңды аткараарыңа карата бекем ишеним бер (Рим. 4:21). Ишеними ага калкан болсун; ал анын жашоосуна тоону жылдыра ала тургандай болуп таасир этсин. Сенин Сөзүңдө: «…адил адам ишеним менен тирүү болот» (Рим. 1:17) деп жазылып турат. Мен анын ишенимге толгон жашоосу, Сага жаккандай болушу үчүн сыйынам. Ал «Сенде өзүңдөн корккондор үчүн сактап койгон, адам баласынын алдында өзүңө таянгандар үчүн даярдап койгон жакшы нерселер көп» (Заб. 30:20) экенинен шектенбесин.
Бирок эч шектенбестен, ишеним менен сурасын. Анткени шектенген адам деңиз толкунуна окшош. Мындай адам Теңирден бир нерсе алам деп ойлобой эле койсун. Эки ойлуу адам өзүнүн бардык жолдорунда туруксуз.
…Ал эми ишеним менен кылынбаган ар бир нерсе — күнөө.
…эгерде силердин сары кычы данындай эле ишенимиңер болсо, бул тоого: «Бул жерден тиги жерге жыл», — десеңер, ал жылат. Силер үчүн мүмкүн болбогон эч нерсе болбойт.
Азыр мен жашап жаткан жокмун, менин ичимде Машайак жашап жатат. Ал эми азыркы денедеги жашоомду айта турган болсом, мени сүйгөн жана менин ордума өзүн курмандык кылган Кудай Уулуна болгон ишеним менен жашап жатам.
Ошентип, биз ишеним аркылуу акталып, Теңирибиз Ыйса Машайак аркылуу Кудай менен тынчтыкка ээбиз.
Отузунчу бөлүм
Анын келечеги
Адам өзүнүн жашап жаткандыгынын маанисин түшүнүп жана максатын көрө билиши керек. Мындай болмоюнча, биз жоголуп кеткендей болуп, жашоодо тентип жүрөбүз, жашоо бизге маңызсыз боштук сыяктуу сезилет да, акырындап жүрүп отуруп, жок боло баштайбыз. «Кудайдан аян болмоюнча, эл ооздукталбайт» (Накыл. 29:18).
Өзүнүн келечегин түшүнүү деген — бул сөзсүз эле жашоосундагы алдыда боло турган нерселердин баарынын майда-чүйдөсүнө чейин алдын ала билип алуу дегенди түшүндүрбөйт. Бул жерде сен өзүңдүн эмне үчүн жаралганыңды билип жана сенин келечегиң эң сонун болоруна ишенесиң.
Ошентсе да, бардык эле адамдар келечегине карата ушундай аяндарга ээ эмес. Башкача айтканда, ага ээ болбогондор акырындык менен өлө беришет. Бирок ал тургай, ал аянга ээ болгондор деле мезгил-мезгили менен аны жоготуп коюшат. Ал тургай, руханий жактан жетилген курактагы адам деле чарчаган, кейиген, Кудайдан алыстаган, ориентрин жоготкон, өзүн да, келечегин да түшүнө албай калган кездер болот. Ал үмүтсүздүк менен дүрбөлөңгө түшүп алган кезинде өз жашоосундагы чыныгы максатты көз алдынан жоготуп коюшу мүмкүн. Үмүттү жоготуу, өзү жөнүндөгү чындыкты унутуу жана өз абалын туура түшүнбөй калуу менен адам өз келечеги жөнүндөгү калптарга ишене баштайт. «Элим Мени таанып билбегендиктен кырылат…» (Ош. 4:6).
Кудай бизге калпты айткан үндөрдү укпагыла деп буюрат, анткени алар «…Теңирдин оозунан чыккан сөздү эмес, өз жүрөгүнүн кыялдарын айтып жатышат» (Жер. 23:16). Келечек тууралуу үмүт жана кубаныч болбогон ар кандай ойлор — Кудайдан эмес (Жер. 29:11). Бирок жоготкон кыялды, айрылган үмүттү Кудай кайрадан жаңылап бере алат. Калп менен көңүл калууну жеңип, келечекте убада кылынганга ишеним берүүгө Анын кудурети жетет. Ошол максатка жетүүнүн каражаты — сыйынуу болуп эсептелет.
Күйөөм менин сыйынууларымдын таасирин айрыкча, биздин Лос-Анджелестен Нешвилге көчүп жаткан кезибизде сезгендигин айтты. Бизге кымбат болгон адамдардын баары менен ажырашып, баарын кайрадан башынан баштоо бизге кыйын болду. Ал кезде Кудайга ишенүүгө көбүрөөк үйрөнүп калганыбызга карабай, көп нерсени тандоо керек болуп калган. Мындан ары биз менен эмне болорун билбегенибиз менен, биз Кудайдын буйругу менен аракеттенип жатканыбызга жана Анын жетекчилиги алдында коопсуздукта болорубузга ишендик. Мен Майкл ага келечек жөнүндө берген үмүттү жоготпосун деп сыйындым. Жагымсыз кырдаалдын айынан ал өзүндөгү көрөгөчтүктү жоготуп алган, бирок анын айтуусу боюнча, менин сыйынууларым ага ошол көрөгөчтүк жөндөмдүүлүгүнө кайрадан ээ болууга жардам берген.
Биз Кудай Атабыз өзүнүн мурас кагаздарын бардык балдарына бирдей, тең кылып бөлүштүргөнүн унутпашыбыз керек. Ага тиешелүү нерсенин баары бизге тиешелүү, анткени биз «Кудайдын мураскорлору, Машайактын мурасташтарыбыз» (Рим. 8:17). Мен ошол мурас кагаздарын окуп чыккам жана Кудай биз үчүн сактап койгон нерселерди элестете да албайбыз: «Кудай өзүн сүйгөндөргө көз көрбөгөн, кулак укпаган, адамдын оюна да келбеген нерсени даярдап койгон» (1 Кор. 2:9). Ал «…кемчиликсиз адамдар жакшылыкты мурасташат» (Накыл. 28:10) деп айткан. Ал бизге бул дүйнөдө эле зарыл болгон нерселерди берүүнү убада кылып жаткан жери жок, бирок бул дүйнөдөн өткөнүбүздөн кийин да, асмандагы эң кымбат, баалуу мурастын бир бөлүгү бизди күтүп турат. Теңир менен чогуу боло турган жерде, бизде муктаждык да, түйшүктөнгөн каалоолор да болбойт.
Эгерде күйөөңдүн көңүл буруусу күнүмдүк тиричиликтин түйшүгүнөн чыга албай жүрсө, эгерде ал өз келечегин көрө албай жатса, анда Сенин сыйынууң анын көздөрүн асманга каратууга жардам берет. Алар ага анын келечеги Кудайга бекитилгендигин, ал эми анын жашоосу ошол келечекке алып баруучу жол экендигин ачып беришет. «Жарышта баары чуркаганы менен бирөө гана байге аларын билесиңер. Ошондуктан байге алгыдай болуп чуркагыла» (1 Кор. 9:24). Кантип эле сен күйөөң өмүр жолунда өз ойлорунун жетегинде бара жатып, акыр аягында, ошол жол бүткөндө сыйлыктан ажырап калышын кааламак элең? Жок, сен анын бардык нерсеге Кудайдын көзү менен караганын каалайсың.
Кудай биздин келечегибизди билип алышыбызды каалабайт, бирок биз Аны билишибизди каалайт. Ал бизди ар бир кадам сайын келечекти карай жетелөөдө Ага ишенишибизди каалайт. Жаңы кадамдарды шилтөөнүн алдында, Кудайдын колун көрүү үчүн биз Аны издешибиз керек. «…Теңирди издегендер бардыгын түшүнүшөт» (Накыл. 28:5). Анын жообун угуу үчүн, биз мүмкүн болушунча Ага жакыныраак болушубуз керек. Теңир биздин жашообузду маңыздуу кылат, ошондуктан күйөөң Кудайга көз чаптырсын, Андан жооп күтсүн деп сыйын, анткени качан Кудай биз менен болгондо, биз өз келечегибизге ишенимдүү болобуз.
Теңирим, анын (күйөөңдүн аты) өзүнүн жаралган дагы максатын туура түшүнүүгө жардам бер. Анын Сен ага жалаң гана жакшылык кааларыңды, ага «келечек, үмүт берүүнү» (Жер. 29:11) кааларыңды көрүүгө жардам бер. Ага Сенин ойлоруңду ачып бер, өмүр бою Сени менен жүрүүгө татыктуу болсун үчүн, бардыгында Сага жагуу үчүн, бардык жакшы иштерде жакшы түшүмдөрдү алып келүү үчүн жана Сени таанып билүүдө өсүүсү үчүн ага акылмандык жана көрөгөчтүк бер (Кол. 1:9-10). Ылайым аны Ыйык Рух жетелеп жүрсүн жана аны ар кандай шектенүүлөр менен коркунучтардан куткарсын. Ал «адамдын колунан келбеген нерсе Кудайдын колунан келерин» (Лк. 18:27) билип, бардык кыялдарын жана каалоолорун Сага ачып бериши үчүн, ага күн сайын Сенде бекемделүүнү үйрөт. Ага Сенин максаттарыңды ачып бер жана анын жашоосу келечекке карай жол болуп калгандай жашаганга аны үйрөт.
Ал өзүнүн бардык өмүр күндөрүндө Сага жигердүүлүк менен кызмат кылсын үчүн сыйынам. Ага өз жашоосундагы максатты көрүүгө жардам бер жана келечегине карата «…кеменин оор кайырмак темириндей бекем жана ишенимдүү болгон…» (Эвр. 6:19) үмүт бер. Ага «анын жүрөгү каалаганды бер» (Заб. 20:3) жана «…Сенин ысымыңдан корккондорго берчү үлүшүңдү» (Заб. 60:6) бер. Ал Сенин корооңдо гүлдөп, карыганда да ширелүү, жашыл болуп, жакшы түшүм алып келсин үчүн, аны Сенин үйүңө отургузуп кой (Заб. 91:14-15). Ал эми качан Сени менен биригүү үчүн бул жерди таштаганга убакыт келгенде, аны тынчтык менен кубаныч коштошу үчүн, ылайым анын түбөлүк өмүргө болгон ишеними бул өткөөл учурду оорусуз, байкалбагандай кылып койгон болсун. Ал эми ал күн келгичекти менин күйөөм, ал үчүн Сен даярдап койгон келечеги эң сонун экендигине ишенимдүү болгон болсун.
Анткени өзүмдүн силер жөнүндө ойлогон оюмду өзүм гана билем, — дейт Теңир, — силерге келечек, үмүт бериш үчүн, ал ой — жаман ой эмес, жакшы ой.
Күнөөсүз адамды байкап жүр, адил адамды карап жүр, анткени андай адамдын келечеги — тынчтык. Ал эми мыйзамсыздардын баары кырылат, кудайсыздардын келечеги ойрон болот.
Теңирдин үйүнө отургузулгандар Кудайыбыздын короосунда гүлдөшөт. «Теңир адилеттүү, Ал менин тирегим, Анда калп жок», — деп жар салуу үчүн, алар карыганда да мөмөлүү, ширелүү, жашыл болуп турушат.
Теңирден мен бир гана нерсени сурадым, ошону гана издеп келем: өмүр бою Теңирдин үйүндө болгум келет, Теңирдин сулуулугун көргүм келет, Анын ийбадатканасына барып тургум келет.
Сенин келечегиң үчүн үмүт бар…