Жош жана Дотти Макдауэлл ТУУРА ТАНДОО Ыйык Жазуудагы тарбия-таалим бере турган окуялар Бул китеп биз аябай сүйгөн жана сыймыктанган Кайга арналат. Жош жана Дотти Макдауэлл Ыраазычылык Ушул китептин жаралышына өздөрүнүн баа жеткис салымын кошкон адамдарга ыраазычылык билдиргибиз келет. Биз Ыйык Жазуудагы окуялардын көптөгөн түрлөрүнүн кандай болушун каалап элестетсек, ошондой кылып иштелип бүтө элек, адепки жазылган варианттарын ылгап алгандыгы үчүн Синди Питтске ыраазычылык билдиребиз. Ушул окуялардын үстүнөн иштөө процессинде туура тандоо темасын ачкандыгы үчүн жана аларда “Жакшылыкты жамандыктан ажырата билүү” кыймылынын идеясын чагылдырып бергендиги үчүн, ошондой эле, бул окуяларды балдарга түшүнүктүү болгон тил менен жана балдарча, жаман ою жок — балалык тил менен айтып бергендиги үчүн Робин Кариге ыраазычылык билдиребиз. Tyndale House Publishersтин кызматчысы Бетти Фриге ыраазычылык билдиребиз, анткени анын тике милдеттеринен сырткары турган, редакторлук эмгегинин натыйжасында ар бир таржымал көркөм элестүү жана так чагылдырылып берилди. Ушул долбоор башталган кезден баштап 12 жылдан бери иштеп келе жаткан жана бүткүл китептин мазмунун “Жакшылыкты жамандыктан ажырата билүү” кыймылынын идеяларына ылайыкташтырган биздин кызматчыбыз Дейв Беллиске ыраазычылык билдиребиз. Карл Уитэкр Мейерге жана биздин Tyndale House Publishers те иштеген бардык башка досторубузга ыраазычылык билдиребиз, анткени алар ата-энелерге түбөлүк чындык болгон Кудайдын Сөзүн балдарга кантип жеткирип берүүнү жогорку деңгээлде түшүндүрүп бере алышты. Сенин тандооң Эмне жешиң керек? Кантип кийинишиң керек? Эмнелерди сүйлөп, кантип таранышың керек? Күн сайын сенин алдыңда тандоо турат, Сен тандашың керек, тандоо жөнөкөй эмес. Ооба, а мүмкүн жок? Кичинекейби же чоңбу? Башкалар менен бөлүшүү керекпи же баарын өзүң алышың керекпи? Бул туура болобу? А мүмкүн, туура эместир? Күн бою сен жоопторду тандашың керек. Дүйнөнү Кудай жараткан, ошондой эле сенин Жаратуучуң да – Кудай. Ал баарына жооп берет, эң татаал суроолорго да! Ыйык Китептеги окуяларды окуу менен түшүнөсүң, Каармандар тууралуу ой жүгүртүп, кайсы чындык, кайсы калп экендигин билесиң. Ыйык Китептеги бир каарман туура эмес жолду тандады. Башкасы баарын туура кылып, Кудайга жага алды. Бул окуяларды оку – жакшылык кылганды үйрөн, Жана өмүрүңдөгү оюндарда туура нерсени тандай бил. (Китептеги кооз сүрөттөрдү карагын, Анан, кичинекей жылмайган ийнеликтерди таап алгын!) Алгачкы бак Башт. 2:4–3:23; 5:4–5 АДАМ МЕНЕН ОБО КУДАЙДЫН БУЙРУГУН АТКАРЫШТЫ БЕЛЕ? ЖЕ АЛАР КУДАЙГА ТИЛ АЛБАЙ КОЮШТУ БЕЛЕ? Кудай дүйнөнү эң бир укмуш сонун кылып — бийик тоолору, шагы жайылган дарактары жана олчойгон бегомоттору менен жараткан. Анын жараткандары менен ырахаттанып жана алар үчүн кам көрсүн деп Кудай адамдарды жараткан. Жаратылган адамдарды Кудай Адам жана Обо деп атады. Аларга Кудай жараткан дүйнө ушунчалык жакты. Пайдалуу жана даамдуу мол түшүмдөрү бар бак аларга абдан жакчу: алар жашыл буурчак, алмурут, жүзүмдөргө тоюнушчу. Адам менен Обого баарынан да көбүрөөк Кудай менен бакта бирге болуу жагар эле. Кудай адамдарды ушунчалык сүйчү. Чынында эле Кудай аларды ушунчалык сүйгөндүктөн, алардын Ага тил алчаак болушуна жардам берүүнү каалады. Ошондуктан, Кудай Адам менен Обого алар жасай турган көптөгөн керемет иштер тууралуу айтып берген. Анан эч качан кылууга болбой турган бир гана нерседен сактаган. Кудай аларга бактын ортосунда өсүп турган бир даракты көргөзгөн жана мындай деп айткан: «Бул дарактын мөмөсүнөн жебегиле. Эгерде силер андан жесеңер, анда өлүп каласыңар». Кудай Адам менен Обо Ага тил алчаак болууларын каалаган, аларды коркунучтан сактоону каалаган. Ошондой болгондо, алар бул кереметтүү бакта кылымдардан кылымдарга жашашмак. Кудай жараткан бакта жылан да жашар эле. Жылан Кудай жараткандардын ичинен эң бир митайымы жана кара санатайы болчу. Жылан Кудайды сүйгөн эмес, Кудай жараткан дүйнөнү да жана бакта жашаган адамдарды да сүйчү эмес. Анан бир жолу жылан Обону кепке тартып, андан минтип сурайт: — Эмне үчүн Адам экөөңөр бактын ортосунда турган дарактын жемишинен жебейсиңер? — Кудай бизге бул жемиштерди жегенге тыюу салган. Эгерде Анын тыюу салган эрежесин буза турган болсок, анда өлүп калабыз, — деп жооп берет Обо. Ошондо жылан мындай дейт: — Эгерде бул дарактын жемишинен жеп көрсөңөр, анда силер өлбөйсүңөр. Тескерисинче, качан бул дарактын жемишинен жегениңерде силер бүт баарын билип, анан Кудайдын Өзүндөй болуп каласыңар. Обо тыюу салынган дарактын жемиштеринин бирине кадала карады да, анын ушунчалык жакшы экенин көрдү жана даамы кандай экендигин билгиси келди. Ошентип, Обо абдан маанилүү нерсени тандашы керек болчу. Ал Кудайдын буйругун аткарып, тыюу салынган жемишти жебеши керек болчу. Же болбосо, ал Кудайга тил албай, ушунчалык жакшына, көрүнүшү жагынан табитти тартып турган жемишти жеп көрүш керек эле. Обо өзүнүн каалоосуна жол берип, бир нече жемишти үзүп алып жеди. Ал аны Адамга да берди, ал да жемишти жеп көрдү. Адам менен Обо Кудайга тил алчаак боло алышпагандыктан, аларга бакты калтырууга жана көп эмгектенүүгө, оор турмушта жашоого туура келген. Алар эми эч качан бул кереметтүү бакка кайрылып келе алышкан эмес. Жылдар өтүп жатты. Адам менен Обо улгайып, анан акыры өлүштү. Кудай Адам менен Обону дайыма сүйгөн. Бирок, алар Анын буйругун аткарбай жана туура эмес нерсени тандоо менен Аны абдан кейитишкен. Эстеп көрөбүз Кудай жараткандардын ичинен бейиш багындагы эң бир митайымы ким болгон? Кудай адамдарга кандай буйрук берген эле? Адам менен Обо туура нерсени тандашканбы же жокпу? Бактан куулгандан кийин Адам менен Обого эмне болгон? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көрчү Кудайга тил алчаак болуу деген бул эмне экендиги тууралуу айтып бер. (Башка бирөөгө тиешелүүнү уруксаты жок албаш керек жана калп айтпаш керек; кең пейил болуп, Кудай жараткандар үчүн кам көрүү керек; ата-энелер айткан эрежелер боюнча жүрүү керек.) Сенин үйүңдө кандай эрежелер бар? Туура тандаганды үйрөн Кагаздан кыркылып алынган бир тегерекчеге кайгырган жүздү, экинчи тегерекчеге кубанган жүздү тартып, алардын ортолорун карандаш менен бириктирип кой. Күн сайын кечинде уктаар алдында өзүңдүн Кудайга тил алчаактыгың тууралуу айтып бер. Алгач, күн бою кайсыл жерден сен Кудайга тил алчаак болбогонуң тууралуу айтып бер жана кейиген түрдөгү тегерекчеге белги коюп кой. Анан качан Кудайга тил алчаак болгон кырдаалды айт да, кубанып турган тегерекчеге белги коюп кой. Качан биз Кудайга тил алууну тандап ала турган болсок, анда Ал бизди сактап жана жашообузду бактылуу кылат! Сыйынабыз Теңир, туура тандоо кылуубузга жардам берип жатканың үчүн биз Сага ыраазычылык билдиребиз. Бизди ар кандай кырсыктардан сактап турган жакшы буйруктарың үчүн Сага ыраазычылык келтиребиз. Ыйса Машайактын ысымынан. Оомийин. Сүзүп жүргөн зоопарк Башталыш 6:9–9:17 НУХ КУДАЙГА ТИЛ АЛЧААК БОЛУП АНАН КЕМЕ КУРА БАШТАДЫ БЕЛЕ? ЖЕ АЛ ӨЗҮН КУРЧАП ТУРГАН АДАМДАР КАНДАЙ КЫЛЫП ЖАТЫШСА, ОШОНДОЙ ИШТЕРДИ КЫЛДЫ БЕЛЕ? Кудай жараткан дүйнөгө ар кандай адамдар отурукташты. Алардын көпчүлүгү бири-бири менен жаман мамиледе болушуп, Кудайды угушкан эмес. Анан ушул кылыктары алардын Жаратуучусун абдан кейишке салган. Бирок жер жүзүндө Нух деген адилеттүү адам жашаган. Ал жана анын үй-бүлөсү Кудайды сүйүп, Ага жагууга аракеттенишкен. Алар өз бактарын сугарышып жана үй жаныбарларын багышкан. Алар бири-бирин сүйүп жана бардык адамдарга кең пейил болушкан. Кудай Нухка жана анын үй-бүлөсүнө ыраазы болгон. Бир жолу Теңир Нухка кеме жасоону буюрган. Кудай кеме чоң жана бекем болсун деп айткан. Анан бул өзгөчө кеменин ичине суу кирип кетпесин үчүн, бардык жаракаларын жылчыксыз бүтөш керек болгон. Нух өзүнүн үйүнө көз чаптырып, анын жанында турган бир нече зайтун дарактарын жана чексиз, аягы жоктой болгон чөлдү көрдү. Бирок, ал ушундай эбегейсиз чоң кеме сүзө ала турган сууну көрө алган жок. Ошондо Кудай Нухка Өз ойлору тууралуу айтты: Ал жерге жамгыр жиберет. Ал жамгыр жер бетин бүт бойдон жашырып калмайынча куя берет, куя берет, куя берет. Нух менен анын үй-бүлөсү гана кеменин ичинде толук коопсуздукта болушат. Кудайдын анын үй-бүлөсү үчүн “кам көрөм” дегени Нухка жакты. Ага анчалык деле чоң эмес кеме жасаса болчудай экен. Бирок Нух минтип ойлонуп жетише электе эле, Кудай ага айбанаттардын ар биринен жуп-жубу менен алып алууну буюрду. Демек, өтө эле чоң кеме жасоого туура келет турбайбы! Нух асманга карап бир дагы булутту көрө алган жок. Анан ал кеме жасай баштаганда, албетте элдер анын үстүнөн күлөөрү шексиз. Ошентип, Нух маанилүү нерсени тандашы керек болчу. Ал Кудайга: «Макул, мен кемени курамын. Ал тургай, жерге бир тамчы жамгыр жаабаса деле, асманда бир үзүм булут пайда болбосо деле, мен кемени кура берем» деп айтса да болмок. Же болбосо, Нух баш тартып, Кудайга: «Жок, мен кемени кура албайм. Кошуналар мени шылдыңдап күлүшөт» десе деле болмок. Анан Нух эмне кылды? Ал жоон жыгач устундарды даярдап, курал-жабдыктарын алып, кеме кура баштады. Ал бул кемени Кудай каалагандай, өтө чоң кылып куруп баштады. Кеменин ичи кургак болсун үчүн, жаракаларын абдан тыгыз кылып бүтөп чыкты. Анан Нух айбанаттардын ар бирин жуп-жубу менен алды. Кемеге узун моюн жирафтар, кыска ийнелүү кирпилер да кирди. Эң аягында ийкемсиз ташбакалар да кирди. Нух жана анын үй-бүлөсү кеменин ичине киргенден кийин, Кудай алардын артынан эшикти жаап койду. Ошондо Нух кичинекей терезени карап, жаан башталганын көрдү. Жамгыр кырк күн, кырк түн төктү. Кудай айткандай эле, суу бүт жер жүзүн жаап калды. Бирок, кеменин ичи кургак эле, ошондуктан адамдар да, жаныбарлар да толук коопсуздукта болушкан. Акыр-аягында жаан токтоп, күн көрүндү. Жер кургагандан кийин кеменин ичиндегилердин андан сыртка чыгышына эч кандай коркунуч туулган жок. Нух өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн өмүрүн сактап калгандыгы үчүн Кудайга ыраазычылык билдирди. Кудай болсо жер бетине көк желе (асан-үсөн) чыгарып, эми жерди эч качан сууга каптатпастыгы тууралуу убада берди. Кудай дайыма Нухту сүйүп жана бул адам туура нерсени тандагандыгы үчүн ага ыраазы болгон. Эстеп көрөбүз Эмне үчүн Кудай Нухка жана анын үй-бүлөсүнө мээримдүү болгон? Нух кандай тандоо кылган? Бул тандоо туура беле же жок беле? Кудай эми мындан ары эч качан жерди сууга каптатпасыгы тууралуу асманга кандай белгини алып чыккан? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көрчү Сенин жашооңо эч кандай коркунуч туулбасын деп, аяздуу күндөрдө үшүбөшүң үчүн жана жаандуу күндөрдө суу болбошуң үчүн, Кудай сага үй-бүлө берген. Аба-ырайы бузулуп турганда сыртка чыкканыңда кантип кийинишиңди буйрушат? Мүмкүн сенин досторуңдун үйүндө силердин үйүңөрдөгүдөн башкача тартип орногондур? Сен дайыма эле өз ата-энеңе тил алчааксыңбы? Туура тандаганды үйрөн Өзүңдүн жаныбарлардын түспөлүндөгү оюнчуктарыңдын баарын алдыңа отургузуп ал. Анан сен өзүңдү Нух деп, керебетиңди алар үчүн курулган кеме деп элестет. Сен Кудайдын буйругун аткарганды каалар белең же Кудайга жагууга умтулбаган адамдарга окшоп эле басып жүрүүнү каалар белең? Кудайга тил алчаак болуу деген бизди курчап турган адамдар кылганды кылуудан баш тартуу дегенди билдирет. Сыйынабыз Теңир, башка адамдар андай кылбай жаткан кезде деле, биз Сага тил алчаак болуу деген — туура нерсени тандап алганыбыз кандай бакыт. Сен бизди аба-ырайынын кандай болуп турган кезинде да сактап кала ала тургандыгың үчүн ыраазыбыз. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Аны бийигирээк кылып кургула! Башталыш 11:1–9 БААРЫН КУДАЙ БАШКАРЫП ТУРГАНДЫГЫН АДАМДАР ТҮШҮНҮШТҮБҮ? ЖЕ АЛАР КУДАЙ МЕНЕН ТЕҢ БОЛУУГА АРАКЕТТЕНИШТИБИ? Бир жолу көптөгөн куруучулар сан жеткис кыштарды куюу үчүн чогулушту. Алар эрте менен да, күндүз да, кечинде да кыш куюшту. Ал тургай, түн ичинде да кыш куюшту. Адамдар ушунчалык көп кыштарды куюшту, анткени алар бири-бирин түшүнө алышат эле. Мисалы, бир шайманды алар баары эле бирдей ат менен аташкан. «Ылай» керек болгон куруучу «ылай» деген сөздү айтканда, ал эмне деп жаткандыгын түшүнгөн ар бир эле адам ага ылай алып келип бере алган. Кимге суу керек болсо, ал «суу» деп айткан. Сөз эмне тууралуу болуп жаткандыгын түшүнгөн ар бир эле адам ага сууну алып келип бере алган. Кимге саман керек болсо, ал жөн гана «саман» деген сөздү айтып койгон. Анын эмне деп жаткандыгын баары эле түшүнө алгандыктан, ага саманды алып келип беришкен. Эмне үчүн бул адамдар күнү-түнү кыштарды жасашкан? Анткени, булар бир укмуш нерсени жасагылары келишкен. Алар шаар курушуп жана анда асманга жеткендей болгон бекем жана бийик мунараны кургулары келишкен. Алар ушул мунараны куруп бүтүшкөндө, ушул мунара аркылуу асмандын өзүнө чейин жетип баргылары келишкен. Анан алар Кудайдын Өзүндөй болуп, кудуреттүү болуп калабыз дешкен. Бирок, бул курулушка Кудай ыраазы болгон эмес. Мындай кудуретти алар туура колдоно алыштары үчүн акылдары жетпешин Кудай билген. Алар көптөгөн каталыктарды кетиришип жана бири-бирилерине көп кайгыларды алып келишмек. Ошентип, куруучулар маанилүү нерсени тандашы керек болгон. Алар курулушту андан ары улантышып, Кудайга тең болгонго аракеттене бериштери керек беле? Же курулушту токтотушуп, баарын Кудай гана башкара аларын эске алуулары керек беле? Адамдар мунараны улантып кура беришти. Улам барган сайын, ал бийиктегенден бийиктей берди. Алардын эмгеги Кудайды кубандырган жок. Ошондуктан, Ал курулушчуларды ар кандай тилдерде сүйлөтүп салды. Эми алардан кимдир-бирөө ылай деп сураса, ага бирөө саман алып келип берип жатты, дагы бири суу алып келип берип жатты. Адамдар бири-бирин түшүнбөй калышты жана кыш куюуну токтотушту. Асманга чейин мунара курулуп жаткан шаар Бабыл деп аталып калды, анткени ал жерде тилдердин аралашуусу болгон. Ошол мезгилден баштап, адамдар жалпы бир тилде сүйлөбөй калышкан. Адамдар Бабылдан кетишип, башка шаарларды куруу менен алектене башташты. Алардын ар бири өздөрүнүн тилдеринде сүйлөп калышты. Анан көп өтпөй, бабылдык мунара сынык кирпичтер үйүлгөн жерге айланып калды. Кудай Бабылда жашаган адамдарды сүйгөн. Ал адамдар туура эмес нерсени тандашып, Кудайга тең болууну чечишкендигине өкүнгөн. Эстеп көрөбүз Эмне үчүн адамдар мунара кура башташкан? Бабылды куруучулар туура нерсени тандашканбы же жокпу? Кудай кантип мунаранын курулушун токтотуп койду? Бабылдагы адамдар кайда кетишти? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көрчү Сенин үй-бүлөңдө эң негизги — башкы адам болуп ким эсептелет? Мектептечи? Биз улууларды укпаган кезибизде эмне болот? Туура тандаганды үйрөн Өзүңдүн оюнчук жаныбарларың (же үй жаныбарларың) үчүн кандайдыр бир жакшы нерсе кылып көр. Анан алардан сенин кандайдыр бир суранычыңды аткарышын сурап көр. Алар сага тил алчаак болуп турушканда кандай сезимде болосуң? Алар тил албай койгон кезде кандай абалда болосуң? (Эгерде, мунун баарын сен оюнчуктар менен кылып жаткан болсоң, анда жөн эле элестетип көр, алар тил алчаакпы же жокпу?) Кудай баарын башкарып турат жана Ал биз үчүн эмне баарынан жакшы болорун билет! Сыйынабыз Теңир, бизге туура нерсени тандоого жана Сага дайыма биздин жашообузду башкарууга мүмкүнчүлүк бергенге жардам бер. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Өз үйүн таштоо менен Башталыш 12:1–8; 13:2 ЫБРАЙЫМ АЛЫС ЖАКТАГЫ ӨЛКӨГӨ ЖӨНӨӨ МЕНЕН КУДАЙДЫН КААЛООСУН АТКАРДЫ БЕЛЕ? ЖЕ АЛ МУРДАГЫ ЭЛЕ ЖЕРИНДЕ КАЛА БЕРГЕНДИ ЧЕЧТИ БЕЛЕ? Ыбрайым өзүнүн аялы Сара менен чатырда жашаган. Алар чатырдын жанындагы чоң очокко тамак жасашып жана көлөкөлүү бактын түбүндө эс алышкан. Ыбрайымдын кой, эчкилери чөптөрдү оттоп жеп, жайылып жүрүшчү. Анын төөлөрү булактан суу ичишчү. Ыбрайымга үй катары кызмат кылган чатырында ал өзүн абдан бактылуу адам деп сезип жашачу. Ыбрайым мезгил-мезгили менен мурдагы жайгашкан жеринен анча алыс эмес башка, жаңы жерге орун которуштуруп, көчүп жайгашчу эле. Качан чөптөр түгөнүп жана булактагы суулар соолуй баштаганда алар Сара экөө буюм-тайымдарын жыйнаштырышып, өз кызматчыларын алышып, малдары менен бирге жаңы, башка жерге көчүшчү. Ал жактан алар кайрадан чатырларын орнотуп тигишчү. Бир жолу Кудай Ыбрайымга алыс жактагы өлкөгө көчүп барууну буйруйт. Ал Ыбрайымга туруктуу жашай турган жерди бергиси келген. Кудай Ыбрайымдын чоң үй-бүлөсү болуп жана алар анын үй-бүлөсүндөгү бүт баары Кудайды өз Теңирлери катары сүйүп жана даңктап турууларын каалаган. “Бул жерди таштагын да, Мен сага кайсы жакты көргөзсөм, ошол жакка жөнөгүн, — деген Кудай Ыбрайымга. — Ал жакта Мен сага кам көрөм жана сенин үй-бүлөң ал жакта кылымдардан-кылымдарга туруктуу турак-жайга ээ болот”. Ыбрайым өзүнүн кооз чатырына жана бейкапар жайылып, оттоп жүрүшкөн малдарына көз чаптырат. Бул жерде чөп да, суу да жетишерлик эле бар болчу. Эч ким бул жерден кетүүнү кааламак эмес. Мына, анан Ыбрайым эмне кылды. Ал Кудайдын айтканын аткаруу үчүн жүктөрүн жыйыштыра баштады. Сара ага эшектердин үстүнө кийимдер түйүлгөн түйүнчөктөрдү жүктөөгө жана төөлөргө азык-түлүк салынган таңылчактарды жүктөөгө жардам берди. Ыбрайым бардык кой, эчкилерди айдап келип, уйлардын жана букалардын суусунун кандырды. Анан чатырды жыйып, отторду өчүрүп, жолго чыкты. Кудай кайсы жакка бар десе, Ыбрайым ошол жакка жөнөдү жана мурдагы жерине эми эч качан кайра кайрылып келбестигин билди. Ыбрайымдын жолу узак болчу. Аны менен чогуу бул узак жолду аялы Сара жана бир тууганынын баласы Лот басып жүрүп отурду. Анан акыр-аягында, алар мурда эч качан көрбөгөн жаңы жерге келип жетишти. Бул жерде кой, эчкилерди багыш үчүн көптөгөн ширелүү чөптөр бар болчу. Уйлар менен букаларды дайыма сугарып туруу үчүн да көптөгөн булактар бар эле. Бул жерде астына чатыр тигип, аптаптан көлөкөлөгөнгө мүмкүнчүлүк берген чоң дарактар да бар эле. Ыбрайым, Сара жана Лот өз үйлөрүндө абдан бактылуу болуп жашап жатышты. Алар Кудайды даңктап жашап жүрүштү жана алардын урпактары улуу эл болуп калышты. Ыбрайым жаңы жерге баргандыгы үчүн Кудай ага абдан ыраазы болгон. Кудай Ыбрайымга батасын берип, ал эмнеге муктаж болсо, ошонун баарын ага берди, ал тургай, керек болгондон да көбүрөөктү берди! Эстеп көрөбүз Ыбрайымга чатырда жашаган жакчу беле? Кудай ага эмне деп буюрду? Ыбрайым туура нерсени тандадыбы же жокпу? Кудай Ыбрайымга кантип батасын берди? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көрчү Сен жана сенин үй-бүлөң жаңы жерге көчүп отурукташуусун Кудай каалайбы же жокпу, аны кантип биле аласың? Мурдагы үйүңөрдү таштап, көчүүгө туура келсе, өзүңөр менен кошо эмнелерди алат элеңер? Ыбрайым менен болгон сыяктуу эле, Кудай дайыма силер менен да болот! Туура тандаганды үйрөн Сенин үй-бүлөң жаңы конушка кантип көчүшкөнү тууралуу айтып берсең. Же сенин досторуң башка жакка көчүп кетишкенде, сен өзүңдү кандай сезесиң? Мурдагы үйүңөрдүн сүрөтүн карап туруп, жаңы жерге кайсы буюмдарды аларыңды айтып бер. Кудай силерге кантип жардам бермек? Кудай бизге Ал кайсы жакка жетелесе, ошол жакка барышыбыз үчүн чечим кабыл алууга жардам берет. Сыйынабыз Сен дайыма, ал тургай, биз жаңы жерге көчкөнүбүздө да, биз менен болосуң, бул кандай гана жакшы Теңир. Сен бизди кайда жиберсең, ошол жакка барууну чечишибиз үчүн, Сен бизге жардам бер. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Жерди бөлүшүү Башталыш 13:5–18 ЫБРАЙЫМ ЛОТКО ЖЕРДИН АГА ЖАККАН БӨЛҮГҮН ТАНДАП АЛУУГА МҮМКҮНЧҮЛҮК БЕРДИБИ? ЖЕ ЖЕРДИН ЭҢ ЖАКШЫ БӨЛҮГҮН ӨЗҮНӨ ТАНДАП АЛДЫБЫ? Ыбрайым Кудайды сүйгөндүктөн, Аны ээрчип жаңы жерге көчүп барды. Бул жер жайыттарга жана булактарга бай болчу. Ыбрайымга көптөгөн чөптөр жана суулар керек эле. Анткени, анын колунда көптөгөн койлор, эчкилер, өгүздөр жана уйлар бар эле. Ыбрайым менен Лоттун малдарын караша турган жардамчылары бар эле. Анан ошолор өз ара жаңжалдаша башташты. Бирөөлөрү бардык жайыттар менен булактар Ыбрайымга тиешелүү болсун дешкен. Башкалары болсо чөп менен суу Лоттун малдарына жеткидей болуш керек дешкен. Ыбрайым жаңы жерге көз жиберди. Кудай ага ал жерлер дайыма анын үй-бүлөсүнө тиешелүү болот деп айткан эле. Ошентип, Ыбрайым маанилүү нерсени тандашы керек болчу. Ал өз жээнине жердин бир бөлүгүн алууга мүмкүнчүлүк берип койсо деле болот болчу. Эмне үчүн Лотко өзүнүн каалоосу боюнча тандап алууга болбосун? Же болбосо, Ыбрайым Лотту кууп жиберип, жердин бардыгын өзүнө алып калса да болот болчу. Ыбрайымдын тукуму өзгөчө тандалган эл болуп, анын үй-бүлөсүнүн бардыгы өз ара жаңжалдашпай, Кудайды даңкташы үчүн, Кудай ушул жерлердин бардыгы Ыбрайымдын үй-бүлөсүнө тиешелүү болушун кааларын билет болчу. Анан, Ыбрайым Лотко мындай деп сунуш киргизди: “Бул жакта жер абдан көп. Сен ушул жерлердин каалаган бөлүгүн тандап алсаң болот”. Лот эң бир коюу чөптүү жана көптөгөн булактары бар жерди карап туруп, тандап алды. Лот кетти. Ыбрайым кайрадан өз жерлерине көз чаптырды. Анан ушул жерде Кудай ага кантип кайрылгандыгын укту: “Ыбрайым, Мен сага чоң үй-бүлө берем. Анан, ушул жер да дайыма сенин урпактарыңа тиешелүү болот”. Андан кийин Ыбрайым дарактары бийик болуп өскөн жерге барды. Ал жерде ал сыйынып жана Кудайды даңктады. Кудай дайыма анын тукуму үчүн кам көрөөрүнө Ыбрайым кубанды. Эстеп көрөбүз Жаңы жерге Ыбрайым менен кошо кимдер барган? Эмне үчүн Лотко бул жердин бир бөлүгү керек болгон? Ыбрайым туура нерсени тандадыбы же жокпу? Лот андан бөлүнүп кеткенден кийин Ыбрайым эмне кылды? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көрчү Мүмкүн, Кудайдын каалоосуна ылайык келе турган болсо, сен кайсы буюмдарыңды адамдар менен бөлүшкөнгө даяр элең? Анын бардык белектери үчүн күн сайын Кудайды даңктап жана Ага ыраазычылык келтир. Туура тандаганды үйрөн Ыбрайымдын Ыйык Жазуудагы тарыхын кой-эчкилердин маарашканын жана уйлардын кепшегендерин үн чыгарып туурап айтып бер. Ыбрайым туура нерсени тандаган жерлерге жеткениңде, токтоосуздан ыраазы болуп, колдогон үнүңдү чыгар. Ыбрайымга окшоп, Анын берген белектерин биз башкалар менен бөлүшө билгенибизде Кудай кубанат. Сыйынабыз Теңирим, Сен бизге белектериңди берген кезиңде аны биз башкалар менен бөлүшүүгө чечим кабыл алышыбызга жардам бер. Башка адамдарда да алар эмнеге муктаж болуп жатышса, ошол нерселер болсун үчүн, биз колубуздан келген бардык нерселерди кылгыбыз келет. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Сааранын наристеси Башталыш 18:1–15; 21:1–7 КУДАЙ ӨЗҮНҮН УБАДАЛАРЫН АТКАРАРЫНА СААРА ИШЕНГЕНБИ? ЖЕ АЛ КУДАЙ МҮМКҮН БОЛБОГОН НЕРСЕНИ УБАДА КЫЛДЫ ДЕП ОЙЛОГОНБУ? Ыбрайымдын аялы Саара татынакай, кооз чатырда жашаган. Ал күндүзү чоң очокко от жагып алып тамак даярдаганды, ал эми түнкүсүн болсо асмандагы жымыңдаган жылдыздарды карап ырахаттанганды жактыраар эле. Бирок Саара өзүндө жок нерсеге ээ болгусу келчү. Ал балалуу болгонду эңсечү. Аны колуна көтөрүп, бооруна кысып жана алдейлеп уктатып, Кудайдын таң каларлык дүйнөсү тууралуу ага айтып бергиси келчү. Кудай Ыбрайымга андан уул төрөлөт деп айткан. Бирок убакыт өтө берди, Саара чоң эне боло турган куракка жетип калды. Ошентсе да, алиге чейин анын баласы жок болчу. Аларга бала берем деген Өз убадасын Кудай унутпагандыгын Ыбрайым менен Саара билишин Ал каалаган. Андыктан, Ал Ыбрайымга эркек адам кейпиндеги, бирок чынында периштелерди жөнөткөн. Кудайдын периштелеринин бири Ыбрайымга: “Эмки жылы ушул маалда Саара бала төрөйт” деп айткан. Чатырда отурган Саара муну угуп, акырын жылмайып коет да, өзүнчө мындай деп ойлойт: “Мен эми балалуу боло албайм. Мен абдан эле картайып калдым”. Кудайдын периштеси Ыбрайымга кайрадан кайрылып: “Кудай үчүн мүмкүн болбогон эч нерсе жок. Эмки жылы Саара уул төрөйт”, — деди. Ошентип, Саара маанилүү нерсени тандашы керек болчу. Ал Кудайга ишенип, анын наристеси качан төрөлөөрүн күтө бериши керек болчу. Же болбосо ал, Кудай эми ага бала бере албайт деп ойлошу керек болчу. Саара эмне кылган? Ал Кудайдын убадасы качан аткарыларын күткөн. Бир жылдан кийин, дээрлик жүз жашка чыгып калган кезинде, ал уул төрөп, атын Ыскак коет, бул “күлкү” дегенди түшүндүрөт. Анткени, Ыбарайым менен Саара уулдуу болушканда чын жүрөктөрүнөн күлүшкөн. Бул Кудайдан болгон өзгөчө белек болчу. Эми булардын өз артынан бул жерге калтырып кете турган мураскорлору бар болчу. Кудай мүмкүн эместей болгон нерсени да ишке ашыра алат. Саара Кудайга ишенип жана убада кылынган баланы күтүү менен туура нерсени тандаган. Эстеп көрөбүз Ыбрайым менен Саара Кудайдын кайсы убадалары тууралуу эстөөлөрү керек болчу? Эмне үчүн Саара Кудайга ишенүүдө кыйналган? Саара туура нерсени тандадыбы же жокпу? Төрөлгөн балага кандай ат беришти? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көрчү Сага адамдар кандай убадаларды беришет? Алар өз сөздөрүнө тураарына ишенесиңби? Эмне үчүн ишенесиң же эмне үчүн ишенбейсиң? Кудай сени сүйүүнү жана сактоону убада кылат. Сен Ага ишене аласыңбы? Эмне үчүн ооба же эмне үчүн жок? Туура тандаганды үйрөн Кудай сени сүйүп жана сактайм деген Өз убадаларын аткараары тууралуу бир нече далилдерди келтирип көрчү. Кудай Өзү убада кылган нерселерди аткарган кезде сенин жүзүң кандай болоору тууралуу өз портретиңди тартып көрсөң. Кудайдын убадаларын аткараарына болгон ишеним дайыма бакыт алып келет. Сыйынабыз Теңирим, Сенин убдаларыңдын аткарыларын күтүүдө бизге чыдамкайлык берчи. Сен тараптан убада кылынган бардык нерселер аткарылаарына ишенгенге бизге жардам бер. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Жасмыктан жасалган сорпо Башталыш 25:19–34 ЭЙСАП КЕЛЕЧЕКТЕ ӨЗ УРУУСУНУН БАШЧЫСЫ БОЛУУНУ КААЛАДЫ БЕЛЕ? ЖЕ БОЛБОСО АЛ БИР ГАНА АЗЫР, УШУЛ ЖЕРДЕ ЭМНЕ КЕРЕКТИГИ ТУУРАЛУУ ЭЛЕ ОЙЛОДУ БЕЛЕ? Ыбрайым менен Сааранын уулу Ыскак чоңоюп, Ребекка деген кызга үйлөндү. Ыскак бир күндө туулган эки эгиз уулдун атасы болуп калды. Алар эгиз түгөй балдар болгондугуна карабастан, сырткы кебетеси менен да, мүнөздөрү менен да бири-бирине окшошушпайт болчу. Ыскактын бир уулу туулган кезинде эле бүт денеси түктүү болуп төрөлгөн эле. Анын атын Эйсап коюшкан. Ал өз бир тууганынан бир нече мүнөт мурда жарык дүйнөгө келген. Демек, Эйсап тун бала болуп эсептелип, ага тунгучтук тиешелүү болгон — убакыттын өтүшү менен ал өз уруусун башкарып калышы керек болчу. Эйсап чоңойгон кезде ал абдан күчтүү жигит болот да, көп убактысын мергенчилик, аңчылык кылуу менен өткөрөт. Ыскактын дагы бир уулуна Жакып деп ат коюшат. Ал жарык дүйнөгө агасынын бутун мыкчый кармаган боюнча келген. Жакып чоңойгон кезинде үйүнүн жанынан анчалык алыс чыкпаганга аракеттенчү. Ал балыктан жана агасы Эйсап алып келген илбээсиндин этинен тамак жасаганды жактырар эле. Анан Жакып даярдаган тамакты бир туугандар чогуу отуруп жешер эле. Жакып Эйсаптан болгону бир нече мүнөткө гана кичүү болгон жана ал качандыр-бир убакта өз тукумунун башында турууну абдан каалаган. Бир жолу Эйсап аңчылыктан абдан ачка болуп келет. Жакып болсо күн бою чоң казанга жасмыктан (буурчак сыяктуу өсүмдүктүн бир түрү — Котор.эск.) сорпо бышырат. М-м-м-м-м. Ал шорпо ушунчалык табитти кытыгылап, өзүнө тартып, жыттанып жатты! Жасмыктан жасалган сорпонун жыты тим эле бардык жакка жайылып, буркурап жыттанып жатты. Эйсап анын жытын искеген сайын өзүн абдан-абдан, ушунчалык ачка сезип кетти. Жасмыктан жасалган бир кесе сорпо үчүн ал Жакыпка эмнени болсо да берүүгө даяр эле. Жакып болсо Эйсапты алдап кетүүнү чечти. Анан ал өз агасына мындай деп айтты: — Мен сага жасмыктан жасалган сорподон берем. Бирок ал үчүн сен мага тунгучтугуңду бересиң. Убакыт келген кезде биздин урууну башкарганга сен мага мүмкүнчүлүк бересиң? Ошентип, Эйсап маанилүү нерсени тандашы керек болчу. Ал бир аз күтүп туруп, башка бир нерсе жеп турса да болмок. Анда ал келечекте өз уруусунун башында турмак. Же ал жасмык сорпо менен азыр, дароо тамактаныш керек болчу. Эгер азыр сорпону тандай турган болсо, анда ал өз тунгучтук артыкчылыгын Жакыпка бериши керек болчу. Эйсап чынында эле абдан ачка болчу. Ошондуктан ал Жакыпка: — Тунгучтук сеники. Убакыт келгенде биздин уруунун башында тура аласың. Азыр болсо, мага жасмыктын сорпосунан бергин, — дейт. Жакып агасынын суроосун канааттандырат. Абдан ачка болгон Эйсап токтолбостон, аптыга тамак жеп жатты. Ал өзүнүн эмне кылып койгондугу тууралуу ойлоп да койгон жок: ошентип ал өзүнүн тунгучтук артыкчылыгын болгону бир гана кесе жасмыктан жасалаган сорпого сатып жиберди. Эйсаптын ушунчалык чыдамсыз жана наадандай болгонуна Кудай өкүндү. Ал эми анын иниси Жакыпка урууну башкаруу үчүн акылман болууда Ал жардам берет да. Эстеп көрөбүз Жакып Эйсаптан эмнени сурады? Эйсап эмне үчүн өз тунгучтугун берип салды? Эйсап туура нерсени тандадыбы же жокпу? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көрчү Сага кандайдыр-бир каршы тура алгыс каалоолорду аткарууга туура келген учурлар болду беле? Мүмкүн сен, бир куту момпосуйду бүт бойдон, толугу менен жеп койгон күндөрүң болду беле? Же болбосо, чоң кишилер үйгө чакырганына карабастан, досуң менен ойноп жүрүп алган учурларың болду беле? Андан кийин эмне болду эле? Туура тандаганды үйрөн Кандай кылганда туура болоору тууралуу ойлоп көр да, андан кийин гана чечим кабыл ал. Сен эмнени каалайсың: энеңе жардам берүү керекпи же ага моюн толгоп коюу керекпи; түшкү тамакты жеш керекпи же аны ары жылдырып коюп, телевизор көрүш керекпи; күн сайын Ыйык Китептен окуялар жазылган китептерди окуш керекпи же ал пландан баш тартыш керекпи? Азыр биздин тандап алгандарыбыз мүмкүн биздин келечектеги жашообузду өзгөртүп салышы да мүмкүн. Сыйынабыз Теңир, бизге дайыма биз үчүн баарынан маанилүү эмне болсо, ошол нерсени кылууга жардам берчи. Бизге баарынан маанилүүсү — Сага кызмат кылганды жана Сени сүйүүнү тандоо экендигин түшүнүүгө жардам бер. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Түктүү колдор Башталыш 27 ЖАКЫП ӨЗ АТАСЫНА ЧЫНДЫКТЫ АЙТТЫ БЕЛЕ? ЖЕ АЛ АТАСЫН АЛДАП КОЙДУБУ? Жакып ушунчалык өз уруусунун башчысы болгусу келген, анан ал митайымдык менен Эйсапты тунгучтугун сатууга мажбурлаган. Бирок, ага дагы атасынын аталык батасын алышы керек болчу. Бул мезгилде атасы Ыскак абдан эле картайып калган болчу. Ал начар укчу, көзү да дээрлик көрбөй калган болчу. Бир жолу Жакыптын энеси Ребекка уулуна мындай деди: — Мына мен эмне ойлоп таптым, Жакып. Сенин агаң Эйсаптын колдору түктүү. Улактын терисин алып туруп, колуңа ороп чырмап ал да, Эйсап болуп көрүнүп кой. Ошондо атаң сага өз батасын берет. Жакып өз уруусун башкарууну ушунчалык каалаган, ошондуктан ал бул сунушка макул болгон. Ал колдорун улактын териси менен ороп байлап туруп, атасынын чатырына келди. Ал өзү менен бирге ушул учур үчүн энеси даярдаган тамакты да ала келди. Ыскак эттен жасалган жагымдуу тамактын жытын сезди. Ал бул тамак Эйсап мергенчиликтен алып келген илбээсиндин эти жыттанып жатат деп ойлоду. Жакып өз атасын башкача ишендиргиси келген жок. Ыскак баарын жеп бүтүп, анан: — Менин тун уулум Эйсапка батамды берем. Эйсаптын колдору түктүү. Сен менин уулум Эйсапсыңбы? — деп сурады. Ошентип, ушул жерден Жакып маанилүү тандоонун алдында турду. Ал чындыкты айтып койсо да болмок. Бирок, андай болгондо атасы Эйсапка тиешелүү болгон батаны ага бербей коймок. Же Жакып бул жерде Эйсапмын деп калп айтып, атасынын батасын алышы керек болчу. Ошондо ал уруу башчысы болуп калмак. Жакып эмне кылган? Ал атасына өзүнүн улактын териси оролгон колун сунду. Ыскак баласынын өңүн карап тааный алмак эмес, андыктан анын алдында Эйсап турат деп ишенди. Ошондуктан да ага батасын берди. Ошентип, Жакып уруунун башында туруп калды. Бул тууралуу билгенден кийин Эйсап абдан ачууланды. Ал ушунчалык ачуулангандыктан, аны издеп табаар менен эле өлтүрүп коюуга даяр турду. Жакыптын апасы анын жолго чыгуусуна жардам берди. Жакып уруунун башчысы болуп калганы менен, болуп өткөн окуядан улам өз үйүндө кала албады. Ал Эйсаптан качып кетүүгө аргасыз болгон. Жакып чындыкты айтпагандыгы үчүн Кудай кейиди. Бирок ошентсе да, Ал Жакыпты сүйгөн жана кайда барбасын, аны коштоп жүргөн. Эстеп көрөбүз Жакып өзүнүн атасын кантип алдап койду? Туура нерсени тандабагандыгы үчүн Жакып менен эмнелер болду? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көрчү Кадимки калп менен куткарылуу үчүн айтылган калптын, болбогон нерсе менен өтө эле көркөмдөлүп айтылган таржымалдын ортосунда кандай айырмачылык бар? Сага чындыкты айтууга абдан кыйын болгон кырдаалдарды эстеп көрө аласыңбы? Эптеп кутулуп кетүү үчүн калп айткан учурларыңда же болбогон эле нерсени айтып жатканыңда кандай абалда болосуң? Туура тандаганды үйрөн Жакып өз агасы Эйсаптан качып кутулуу үчүн басып өтүүгө туура келген узун жолду кубиктериңден жасап көрчү. Өзүңдү Жакыптын ордуна коюп көр, анан уламдан — улам өз туулуп өскөн үйүңдөн алыстаган сайын кандай абалда болгонуңду элестетип көрчү. Дайыма калп айтканга караганда, чындыкты айткан жакшы. Сыйынабыз Теңир, бизди калп айткан учурларыбыз үчүн кечирчи. Сенин бизге болгон кечиримиң жана Сенин бизге болгон сүйүүң үчүн ыраазычылык билдиребиз. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Бир туугандар Башталыш 32–33 ЭЙСАП ЖАКЫПТЫ КЕЧИРДИБИ? ЖЕ АЛ БИР ТУУГАНЫНА АЧУУЛАНУУНУ УЛАНТА БЕРДИБИ? Жакып абдан жалгызсырады. Узак-узак жылдарга чейин ал өз туулган жеринен алыс жакта жашап жүрдү. Ал өз атасынын үйүн калтыргандан кийин көптөгөн жылдар өттү. Эми бул кезде анын өзүнүн чоң үй-бүлөсү бар эле. Анын көптөгөн койлору, төөлөрү жана эчкилери да бар болчу. Анын көптөгөн уйлары, эшектери да болгон. Бирок анын жанында бир тууган агасы, Эйсап жок болчу. Жакып мекенине кайтып келгиси келген, бирок корккон. Ал өз үйүн таштап кетип жатканда, Эйсап абдан ачууланып, каарданып калган эле. Мүмкүн, ал алиге чейин инисинин өлүмүн каалап жүргөндүр. Мүмкүн, Эйсап Жакыптын бүт бардык үй-бүлөсү менен эсептешкиси келип жүргөндүр. Жакып ушунчалык өзүн жалгыз сезгендиктен, акыр-аягында Кудай Эйсап экөөнү элдештирээр деген үмүттө кайра өз үйүнө кайтып келүүнү чечет. Өз үй-бүлөсү жана мал — жандары менен Жакып жолго чыгат. Жолдо келе жатып ал алдын ала адамдарды Эйсапка жиберет. Ал агасына өзүнүн кайтып келе жаткандыгы тууралуу эртерээк билдирип коюуну каалайт. Анан жиберген адамдары аркылуу Эйсап ага карай келе жаткандыгын билет. Жалгыз да эмес — аны менен кошо төрт жүз киши келе жатышкан эле! Бул кабардан чочулаган Жакып, жалынып-жалбаруу менен Кудайга кайрылат: — Сен мага үйүмө кайра келүүгө буйрук бердиң. Сен мен жөнүндө кам көрөм деп убада кылдың. Сен дайыма мени сүйүп жана мага кең пейилдик менен мамиле кылдың. Менин үй-бүлөм чоң жана азыр Сенин жардамыңа муктаж болуп турам. Мен Сенден суранам, мени Эйсаптан коргочу. Эртеси күнү Жакып малдарынын бир бөлүгүн Эйсапка тартуу катары алып алып, агасын утурлай жөнөп калат. Ал агасына кой, эчки, төө, уй жана эшектерден алып алат. Бир күн жол жүргөндөн кийин Жакып Эйсапты жана аны коштоп келе жаткан адамдарды көрөт. Анан алдын ала элчи катары жиберилген адамдар бул тартуунун баары анын бир тууган иниси Жакыптан деп Эйсапка тартуулашат. Жакыптан! Ушунча жыл өтпөдүбү! Бир кезде Жакып митайымдык менен аны уруу башкаруудан баш тартууга мажбур кылбады беле? Мына эми ошол бир тууганы үйүнө кайтып келе жатат. Ошентип, Эйсап абдан маанилүү нерсени тандашы керек болчу. Ал төрт жүз эркекти жиберип, Жакыпты өлтүрүп жана анын бүткүл үй-бүлөсүн өлтүртүп салса да болот болчу. Же болбосо, ал Жакыпты кечирип, бир кезде өзү туура эмес нерсени тандагандыгын моюнга алышы керек болчу. Акыры, ал өз тунгучтугун бир кесе жасмык сорпого сатып жибербеши керек эле да. Өз үй-бүлөсү, мал-жандары жана жоокерлери менен Жакыпка карай келе жатты. Келе жаткан топ адамдарды жана анын башында келе жаткан Эйсапты көргөн Жакып коркуп кетти. Ал өз үй-бүлөсүнө токтогонго буйрук берип, андан ары өзү жалгыз жөнөдү. Жакып акырындык менен Эйсапка жакындап келди да, ага чын жүрөгү менен жагымдуу салам берди. Эйсап болсо бир тууганына колун сунуп жана аны кучактап калды. Алар күлүп-каткырышып, ыйлашып, бири-бирине жалындаган катуу үн менен салам айтышып жатышты. Кайрадан бирге болуу кандай гана сонун! Бир туугандар Кудай алардын ортосунда биримдиктин жана макулдашуунун болушун каалап жаткандыгын билишти. Кудай жол ката Жакып менен бирге болду. Эми Ал аны урууну башкарышы үчүн өз үйүнө кайрып алып келди. Эстеп көрөбүз Эмне үчүн Жакып өз үйүнө кайтып келүүдөн корккон? Эйсап Жакыпты көргөндө эмне кылды? Эйсап туура нерсени тандадыбы же жокпу? Бир туугандар кайрадан бирге болгонго кубаныштыбы же жокпу? Сен аны кайдан билдиң? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көрчү Сенин үй-бүлө мүчөлөрүңдүн бирөөсү, үй-бүлөнүн калган башка мүчөлөрүнүн баары аны кечирип коюуларын каалаган күн болгондугун эстеп көрчү. Ага кечирим алуу оңой болду беле же кыйын болду беле? Баары элдешкенге чейин жана элдешкенден кийин кандай сезимде болушту эле? Туура тандаганды үйрөн Баракка кичинекей бир түрү суук немени тартып көр. Ал нааразылыкка толуп тургандай кебетеде болот. Сенин үй-бүлөңдө бирөө кыжырдана баштаганда ага ошол сүрөттү карматып кой. Сен тарткан сүрөттөгү түрү суук немени көргөндө ачууланып жаткан адам албетте ачууланганын коет чыгар! Нааразылыктан кутулуп жана кечире алгандык канчалык жакшы экендигине көзүң жетет. Дайыма эле нараазыланганга караганда, кечире билген жакшы. Сыйынабыз Теңир, башка адамдар бизди алдап же таарынтып койгондугуна карабастан, дайыма аларды кечирүүгө жардам бер. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Чуңкурда Башталыш 37:12–35 ЖУСУПКА БИР ТУУГАНДАРЫ ЖАКШЫ МАМИЛЕ ЖАСАШТЫ БЕЛЕ? ЖЕ АГА КАТУУ, ЫРАЙЫМСЫЗ БОЛУШТУ БЕЛЕ? Жакыптын он эки баласы бар эле. Кээде алар ынтымактуулукта эмгектенишчү. Кээде болсо башка бир туугандар сыяктуу эле жаңжалдашып кетишчү. Жакыптын уулдарынын бирин Жусуп деп аташчу. Ал кичинекей инилеринин бирөөсү болчу жана атасынын жанынан чыкчу эмес. Жакыптын улуу уулдары талаада эмгектенишип жана койлорду кайтарышчу. Жусуп чоңойгон кезде агаларына жардам бере баштаган. Башка аталар сыяктуу эле кээ бирде Жакып да балдарынын улам бирөөсүнө ар кандай белектерди берип турчу. Бирок бир жолу ал Жусупка өзгөчө бир нерсе — жаңы жана өтө кооздолуп жасалган кийимди белек кылды. Жакыптын ар бир баласы белгилүү бир өңдөгү: буурул, жашыл же күрөң түстөгү кийимдерди кийип жүрүшчү. Бирок Жусупка атасы тартуу кылган кийим түркүн түстө эле. Анда “көк желедеги” бардык өңдөр: сары, кызыл, көгүлтүр, күлгүн, алтын түспөлдөнгөн, күмүш түстөгү өңдөр да бар болчу. Бул эң сонун кийим эле. Жусуп аны дароо эле кийип алды. Ал ушунчалык бактылуу эле. Атасы ушунчалык кооз кийимди белек кылган Жусупка агаларынын ичи күйүп турду. Бир жолу уктап жатканда Жусупка кызыктай болгон бир түш кирди. Ойгонгондо ал түшүн агаларына айтып берди: — Мага мындай бир түш кирди. Түшүмдө силер он бир боо буудай болуп калгандай болуп турупсуңар. Мен болсо он экинчи боо экенмин. Анан баарыңар мага жүгүнүп жатыпсыңар, анткени мен эң негизгиси экенмин. Бирок бир туугандар үй-бүлөдөгү кичүү бир тууганына баш ийип, жүгүнүүнү каалашкан жок. Алар мындан ары анын түшүн угууну каалашкан жок. Ошондуктан, алар Жусуп дагы бир түшүн айтып берген кезде абдан ачууланышты. Бул жолкусунда ага күн менен ай жана он бир жылдыз жүгүнүп, таазим кылып жаткан болчу. Ошондо атасы Жусуптан минтип сурады: — Кантип эле мен жана сенин энең бир кезде сага табынуу үчүн келип калалы? Эмне он бир бир тууганың да сенин алдыңда таазим кылышат бекен? Жусуптун бир туугандары абдан көрө албас адамдар эле. Алар атасы кичүү инилерине берген белекти эч бир унута албай ызаланып жүрүшкөн. Ал аз келгенсип, эми Жусуп алардын баары ага таазим кылышы керектиги тууралуу айтып жатат. Ошентип, бир туугандар абдан маанилүү – туура нерсени тандашы керек болчу. Алар Жусупту тынч эле калтырып, өз иштери менен алек болуп эле жүрө беришсе да болот болчу. Алар өздөрүнө да аталары кандай гана сонун белектерди тартуу кылгандыгын эстешсе болмок. Же болбосо, Жусуптун түркүн түстөгү кийимин тартып алышып, ал тургай, аны экинчи алардын жолуна бөгөт болбошу үчүн өлтүрүп коюшса да болот болчу. Бир туугандары эмне кылышты? Алар Жусуп атасынын тапшырмасы боюнча агаларынын абалы жакшы элеби деп билип келгени барганда ага кол салышат. Бир туугандарынын абалы жакшы эле болчу. Ал эми, Жусуптун абалы болсо бир заматта жаман болуп калды. Бир туугандары анын үстүндөгү ар түркүн түстөгү кийимди айрып салышып, өзүн болсо терең чуңкурга ыргытып жиберишти. Алар Жусупту өлтүрүп эле коюуну каалашкан, бирок жолдо Мисирди көздөй бараткан кербендер келе жатышканын көрүп калышат. Ошондо агаларынын бирөөсү мындай деген сунуш киргизет: — Келгиле, Жусупту кербен менен Мисирге бараткан соодагерлерге сатып жиберебиз. Алар так эле ошондой кылышат. Анан бир туугандар Жусуптун кийимин булгап туруп, аны айрып-айрып тытып салышат. Эми ал кийим Жусуп аны кийген бойдон жырткыч айбанат менен алышкандай болуп көрүнүп калат. Алар үзүк-үзүк болуп айрылган кийимди атасына алып барышат да, кичүү инилерин жырткыч тытып жеп кеткендигине аны ишендиришет. Жакып өзүнүн сүйүктүү уулу үчүн абдан кайгырып ыйлайт. Ал эми эч качан аны көрбөйм деп ойлойт. Бир туугандарынын Жусупка кылган мамилеси Кудайды абдан кейитет. Бирок Ал Жусупту Мисирде калтырып койбойт, дайыма аны менен болуп, коштоп жүрөт. Эстеп көрөбүз Жусуптун бир туугандары анын жаңы кийимине кандай карашат? Өздөрүнүн кичүү инисинин көргөн түшүн угушканда алар кандай сезимде болушат? Жусуптун бир туугандары аны менен кантип эсептешишет? Алар туура нерсени тандаштыбы же жокпу? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көрчү Сени бир туугандарыңа жана досторуңа көрө албастык менен мамиле кылууга эмне мажбурлай алат? Ошол көрө албастык сезиминен ал сени толугу менен ээлеп калганчакты кантип бошоно аласың? Туура тандаганды үйрөн Жусуптун кийиминде болгон түрлөр менен бир баракты бойогун. Аны бойоп жаткан учурда адамдарга жакшы мамиле кылуу деген эмне экендиги тууралуу ойлонуп көр. Андан кийин сен: “менде болсо экен” деп жүргөн нерсеге ээ болгон адамга кандайдыр бир жакшылык кылып көр. Кудай биздин колубузда эмне болсо, ошого кубанышыбызды жана башкалар ээ болгон нерселерге көз артпашыбызды каалайт. Сыйынабыз Теңир, бизге башка адамдарга карата кең пейил болуу-га жардам бер. Ал тургай, биз “менде болсо экен” деп эңсеп жүргөн нерселерибизге ээ болгон адамдар үчүн да кубанууга бизге жардам бер. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Узакка чейинки күтүү Башталыш 39–41 ЖУСУП КУДАЙГА ИШЕНГЕНБИ? ЖЕ АЛ КУДАЙДЫН ОЙЛОРУНАН ШЕК САНАГАНБЫ? Жусуп туулуп өскөн үйүнөн алыс жакта жашап калды. Агалары сатып жиберген соодагерлер аны алыскы Мисирге алып келишти. Ал жакта Жусуп бир бай мисирликтин үйүндө иштеши керек болчу. Жусуп жакшы жумушчу болчу жана ага эмнени ишенип тапшырышса, баарын аткарчу. Бирок, бир жолу кожоюндун аялы Жусупка абдан ачууланып калат. Ал күйөөсүнө калп айтуу жолу менен жаш кызматкерди зынданга салдырып коет. Эми Жусуп эркин учуп жүргөн чымчыктарды да, бетине жаандын тамчысынын тамганын да көрбөй калат. Ага зынданда жаткан таптакыр жакпайт. Күн өткөн сайын ал Кудай ага бул түрмөдөн чыгууга жардам берет деген ишенимде болгон. Бирок убакыт өтүп жатканы менен, жаш жигиттин жашоосунда эч нерсе өзгөрбөйт. Ошентип, Жусуп маанилүү, туура нерсени тандашы керек болчу. Ал Кудайдын жардамын күтпөстөн эле, өз күчү менен зындандан чыгууга аракеттенсе да болмок. Мүмкүн, ал түрмө кайтарган адамдардын бирөөсү менен сүйлөшүп көрсө да болмок. Мүмкүн, ачкычты уурдап алып туруп, качып кетсе да болмок. Же болбосо, ал Кудайга гана таянып, болуп жаткан нерселердин бүт бардыгы Кудайдын ойлорунун бир бөлүгү деп ишенсе да болмок. Анан ал эмне кылышы керектигин Кудай качан ачып берерин күтсө да болмок. Жусуп Кудайга ишенүүнү чечти. Ал узак убакытка чейин түрмөдө отурду. Анан бир күнү ага бир адам келип калды. Ал адам фараондун өзүнүн жардамчысы эле. Мисирдин падышасы Жусуп түш жоруй аларын билип калды. Мисирдин өкүмдарына коркунучтуу түш кирген эле. Эми фараон Жусупка ошол түшүнүн маанисин чечмелеп, жоруп берсин деп киши жиберет. Фараондун жардамчысы Жусупту сарайга алып келет. Ал жерден жаш жигит фараон өзүнүн коркунучтуу түшүндө абдан тоюп турган жети семиз уйду жана жети ачка, илмийген арык уйду көргөндүгүн угат. Фараондун түшү эмнени түшүндүрөрү тууралуу Кудай Жусупка ачып берди. Анан Жусуп мындай деди: — Жети тойгон семиз уй – бул мол түшүм берген жети жыл. Талааларда көптөгөн эгиндер бышып, элдер ачка болушпайт. Ал эми, жети ачка, илмийген, арык уйлар — бул түшүм бербей турган жети жыл, анда талаадагы эгиндер өлүп жана өлкөдө ачарчылык башталат. Фараон ошондо: — Биз эмне кылышыбыз керек? — деп сурады. Жусуп ага мындайча жооп берди: — Түшүм мол болуп турган учурларда ашыкча данды чогултуп, жыйнап коюу үчүн чоң-чоң кампаларды салуу керек. Мына ошол ашыкча, жыйылып коюлган эгиндерди өлкөдө ачарчылык башталган учурларда пайдаланса болот. Жусуп фараондун башкы жардамчысы болуп калды. Ага Мисир боюнча жыйылган эгиндердин эсебин жүргүзүү милдети тапшырылды. Түшүм мол болгон жылдары Жусуп ашык эгиндерди чогултуп, кампаларга жыйып жана ошол жерлерде аларды жакшылап сактады. Анан кургакчылык жылдары башталды, жаан жаабаган күндөрү бүт эгин тамырынан бери куурап калды. Мисирде ачарчылык башталды. Бирок Жусуптун кампалары нанга толо эле. Камдап койгон запас буудайдан ал бардык муктаж болгондорго берип жатты. Мисирликтер Жусупка барып буудай алып келип, анан өздөрүнө тамак жасап жатышты. Кудай Жусуптун Ага ишенип жана Андан жардам сурагандыгы үчүн ыраазы болду. Чынында эле, Кудайдын ойлору эң сонун болчу! Кудай Жусуптун Мисирде кадырлуу адам болушуна жардам берди. Эстеп көрөбүз Зынданда отурган кезде анын – Жусуптун жагдайы кандай болчу? Жусуптун камактан өз күчүнө ишенип чыгып кетүүгө карата болгон аракети эмне үчүн туура эмес тандоо болмок? Жусуп фараонго жана бүткүл Мисирликтерге кантип жардам берди? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көрчү Сенин сыйынууларыңа жооп алууну көпкө күткөн учурларың болду беле? Мүмкүн, сен дароо, токтоосуз жооп алганды каалагандырсың. Сен Жусуп сыяктуу боло алат белең? Сен да ага окшоп Кудайга ишенип жана күтө алат белең? Туура тандаганды үйрөн Өзүңдү мугалимдин, дарыгердин, ашпозчунун жана жыгач устанын ордуна коюп элестетип көрчү. Сен чоңойгондо Ал сени эмне үчүн жараткандыгын, эмне иш менен алектенишиң керектигин түшүнүүгө жардам берет. Кудайдын жообун күтүү — бул дайыма туура чечим болуп эсептелет. Сыйынабыз Теңирим, биздин сыйынууларыбызга өз убаганыда жооп бергениң үчүн Сага ыраазычылык билдиребиз. Сенин ар бирибизге карата болгон ойлоруң үчүн ыраазычылык билдиребиз. Биз эмне кылышыбыз керектигин күтүп турган кезибизде кантип аракеттенүүнү айтып, биз менен жаныбызда бол. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. «Мен Жусупмун!» Башталыш 42–45 ЖУСУП ӨЗ ЖАШООСУНДА БОЛУП ӨТКӨН ЖАКШЫ НЕРСЕЛЕР ТУУРАЛУУ ОЙЛОДУ БЕЛЕ? ЖЕ АЛ ЖАЛАҢ ГАНА ЖАМАН НЕРСЕЛЕРДИ ОЙЛОДУ БЕЛЕ? Жусупту Мисирге бара жаткан соодагерлерге сатып жибергенден кийин бир туугандары кайтып келишип, атасына анын кичүү уулу тирүү эместигин айтышты. Албетте бир туугандары Жусуптун тирүү экендигин билишкен. Бирок алар эми аны эч качан көрбөйбүз деп ойлошкон. Кургакчылык болгон бир жылдын артынан экинчи жыл келип, кайра эле талаадагы эгин түшүм бербей калды. Кийинки жылы деле ошондой болду. Ошентип, мындай көрүнүш жети жылга созулду. Акыр-аягында ачкачылыктын аргасын табыш үчүн эч кимде бир дагы дан калбай калды. Бул өтө жаман кабар эле. Бирок кийинчерээк Жакып бир жакшы кабар укту. Мисирде нан бар экен! Ал өлкөдө бир акылман адам данды камдап койгон экен. Жакып өзүнүн уулдарын чакырып алды. Ал уулдарын Мисирге барып келгиле деп жөнөттү. Алар Мисирден буу-дай сатып алып келишкенден кийин, андан көп тамак жасашкандан кийин азыркы ачкачылыктар унутулат. Бир туугандар төөлөргө минип алышып, жолго чыгышты. Алар өтө узак жол жүрүшүп, акыры Мисирге жетип келишти. Ал жактан алар көптөгөн эгинди сактап койгон маанилүү адам тууралуу угушту. Анын алдына келгенде бир туугандар өздөрүн абдан адептүү алып жүрүштү. Алар анын алдында жүгүнүшүп жана аларга эгин сатууну суранышты. Жакыптын уулдары өздөрүнүн бир тууганы менен сүйлөшүп жатышкандыктарын билишкен жок. Бирок, Жусуп өз бир туугандарын тааныды. Ал көп жылдар мурда алар өзүн соодагерлерге сатып жиберишкенин эстеди. Ал ошондой эле алардан үйдө атасы менен кичүү иниси — Бенжемин калгандыгын билди, аны Жусуп көрө элек болчу. Ошондуктан, Жусуп улуу агаларынын бирин Мисирде алып калды да, калгандарын кичүү инибиз Бенжеминди алып келебиз деген сөздөрүн алып туруп кое берди. Жусуп агаларынын мүшөктөрүн эгинге толтуруп жана алар берген акчаларды да ошол жакка салып коюуну буйруду. Алар кийин акчаларды таап алышкан учурда, эмне деп ойлоорду да билбей туруп калышты. Алар эми бул үчүн Жусуп алар менен эсептешет деп ойлошту. Канткен менен, Жакыптын балдары Бенжеминди алып кайра келишти. Жусуп алар үчүн дасторкон даярдап, өз үйүнө алардын баарын чакырды. Көп өтпөй бир туугандар мүшөктөрү эгинге толуп үйлөрүнө кайтышты. Алар эми эле шаардан чыгып кетишкенде Жусуп Бенжеминдин мүшөгүнө өзүнүн күмүш идишин каттырып коюп, аларды кайра алып келүүнү буюрду. Ал күмүш идишти уурдап алгандыгы үчүн Бенжеминди Мисирде алып калам деди. Улуу агалары болсо Бенжеминди калтыра албастыктарын, бул кабар тууралуу угуу атасына өтө оор тиерин айтышты. Жусуп анын агалары канчалык кең пейил болуп, өзгөрүп калышкандыгын түшүндү. Ошентип, Жусуп туура нерсени тандашы керек болчу. Ал Мисирде болуп калгандыктан, өз жашоосунда болуп өткөн жакшы учурлар тууралуу ойлонсо да болот болчу. Ал кампаларда сакталып турган буудайлар тууралуу, ошон үчүн ушунча адам ачкадан өлбөй тирүү калгандыгы тууралуу ойлонсо да болот болчу. Ал агаларына өзүн таанытып, алар кылган жамандык үчүн аларды кечирип койсо да болмок. Же болбосо, аны соодагерлерге сатып жиберүү менен алар ага кандай гана жамандык кылышкандыгын ойлосо да болот болчу. Өчүн алуу алуу үчүн аларды түрмөгө отургузузуп койсо да болот болчу. Мына ошентип, Жусуп эмне кылды? Ал кыйкырып: — Мен силердин бир тууганыңармын – Жусупмун! — деди. Жакыптын уулдары корккондуктан калчылдап кетишти. Бирок ал аларды сооротуп койду. — Мен билем, силер мени өлтүргүңөр келген. Бирок, Кудай мени үй-бүлөмдү куткарып калсын деп Мисирге алып келген. Бул жерде эч ким ачкадан өлүп калбашы үчүн баарыбызга тамак даярдоого эгин жетишерлик. Менин атамды бул жакка алып келгиле, анан биз баарыбыз чогуу болобуз. Анын жашоосундагы бардык жаман нерселерди Кудай жакшылыкка айландырып койгондугун Жусуп түшүндү. Жусуптун ушуларды түшүнгөндүгү үчүн Кудай ыраазы болду. Кудай ошондой эле, Жусуптун өз бир туугандарын кечиргендигине жана өз үй-бүлөсүнө жардам бергенине да ыраазы болду. Эстеп көрөбүз Эмне үчүн Жусуптун бир туугандары Мисирге келишти? Бир туугандарын көргөндө Жусуп алардын кайсыл жаман иштерин эстеди? Жусуп өз агалары ага кылган жаман нерселерди гана эстедиби? Жусуп туура нерсени тандадыбы же жокпу? Кудай Жусуптун жашоосундагы жамандыктын баарын кантип жакшылыкка айландырып койду? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көрчү Кайсы кыйын кырдаал сенин үй-бүлөң үчүн жакшылыкка айланып кетти эле? Сен жалаң гана жамандыктар тууралуу ойлогонуңда көңүлүңдүн жагдайы кандай абалда болот? Жаман деген нерселер жакшылыкка алып келген кезде көңүлүң кантип өзгөрүлөт? Туура тандаганды үйрөн Кандайдыр бир жаман окуядан башталгандай болгон таржымалды ойлоп чыксаң. Анан ал жакшылык менен бүткөндөй окуяны ойлоп чык. Ал тургай, жашообузда кандайдыр бир жаман нерселер болуп жаткан күндө да, бизге карата Кудайдын ниети жакшы экендигине биз ишенишибиз керек. Сыйынабыз Теңир, кандайдыр бир жагымсыз нерселер болгондо кейибеш үчүн бизге жардам берчи. Сен жамандыкты жакшылыкка айландырып кое аларыңа ишенишибизге бизге жардам бер. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Сүзүп жүргөн себет Чыгуу 1:6–2:10 МИРИЯМ ӨЗҮНҮН КИЧИНЕКЕЙ ИНИСИНЕ ЖАРДАМ БЕРЕ АЛДЫ БЕЛЕ? ЖЕ АЛ ҮЙҮНӨ КАЧЫП КЕТТИБИ? Жусуп жана анын бир туугандары Мисирден жай алып, отурукташып калышкандан бери көп жылдар өттү. Эми Мисирде башка фараон башкаруучулук кылып жатты. Ал Кудайдын элин сүйгөн эмес. Ошондуктан, аларды фараондун атын чыгарыш үчүн курулуп жаткан эбегейсиз чоң курулуш иштерин аткарууга аргасыз кылып, мажбурлаган. Жумуш ушунчалык оор болгон: ылайдан кирпич куюп, суу ташып жана чоң таштарды жылдырыш керек болгон. Фараон Кудайдын эли ага каршы чыгат деп корккон. Ошондуктан, ал кантип алардын санын көбөйтпөш керектиги тууралуу ойлогон. Фараон Кудайдын эли эркек балалуу болбош керектиги тууралуу жарлыкты жарыялаган. Ушундай мезгилде бир аял эркек төрөйт. Өзүнүн уулун абдан сүйгөн энеси аны кантип сактап калууну ойлойт. Анын планы чын эле абдан жакшы болчу. Үч ай бою өз наристесин ал элдин баарынан жашырып жүрөт. Анан бекем, бышык себет токуп, себет сууда сүзө алсын үчүн бардык ачык жерлерин тыкыйта бүтөп, анан ага жумшак кездемени төшөп коет. Ошентип, ал баланы жаткырса боло турган жакшынакай бешик болуп калат. Анан ал аял себетти жана өз уулун Нил дарыясына алып келет. Ал себеттин артынан улуу кызы Мириям көрүнбөй гана аңдып жүрүп отурат. Дарыянын жанында туруп аял баласын өөп, себетке акырын жаткырат. Анан акырындык менен, этияттап себетти сууга коет. Себет чөкпөйт! Ал жакта наристеге жайлуу жана кургак болот. Анан энеси үйүнө кетет. Ал эми, Мириям болсо иниси эмне болор экен деп дарыянын жээгинде калат. Көп өтпөй кыз кимдир-бирөөлөрдүн үнүн угат. Ал дарыя жээгиндеги камыштарды акырын ачып карап, фараондун кызы жуунганга келгенин көрөт. Мүмкүн, ал себетти байкап, анан ал жактан наристени таап алаттыр. Мириям эмне кылышы керек? Ошентип, кыз туура чечимди тандашы керек болчу. Ал жээкте калып калуу менен инисине жардам берсе да болот болчу. Же болбосо, үйүнө чуркап кетсе да болот болчу. Мына Мириям эмне кылды. Ал бүт баарын көрүп жана угуу үчүн ошол жерде калып калды. Фараондун кызы себетти көрүп, нөкөр кыздарынын бирине аны алып келүүгө буйрук берди. Себеттин ичинде жаткан наристеге акырын аярлап караган фараондун кызы аны дароо эле сүйүп калды. Ал наристеге Муса деп ат коюп, бул эми анын баласы болорун айтты. Ошондо Мириям фараондун кызына жакын келип, мындай деди: — Мен баланы эмизип бере турган аялды табыша алам. Сиз ошого уруксат бересизби? — Ооба, ооба! Андай болгондо буга пайдалуу гана болот, — деп айтты фараондун кызы. Мириям болсо бул эң сонун жаңылыкты апасына сүйүнчүлөш үчүн үйүн көздөй шашты. Аларга кичинекей Мусаны алып, фараондун кызы үчүн эмизип, багып берүүгө уруксат беришти! Бул анын өмүрүн сактап калат эле. Качандыр-бир кезде Муса фараондун ак сарайында жашап калмак! Кудай Мириямдын өз үй-бүлөсүнө жардам бергенине абдан ыраазы болду. Ал кичинекей Мусанын коопсуздукта болушу үчүн кам көрдү. Бул Кудайдын ойлоруна туура келген! Эстеп көрөбүз Эмне үчүн эне өзүнүн кичинекей уулу үчүн себет токуду? Эжеси кантип кичинекей инисине жардам берди? Мириям туура иш кылууну тандадыбы же жокпу? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көрчү Өз үй-бүлөңө жардам бериш үчүн сен кандай ыкмаларды тандайсың? Кээде сенде жардам берүүнүн ордуна качып кеткиң келгендей учурлар болобу? Ошондой мезгилдерде сен эмне кылышың керек? Туура тандаганды үйрөн Кичинекей Муса жаткан себет кантип сууда калкып турганын элестетип көрүш үчүн суунун үстүнө чоң баракты кой. Анан чоң адамдардын жардамы менен суудагы коопсуздук үчүн эмнелер керектелери тууралуу тизмени түзүп чык. Бул эрежени сактоо зарыл экендигин сен ар бирине эскертип чыксаң болот! Башка адамдарга кантип жардам берүү тууралуу көргөзүп берүүсүн суранып биз Кудайга кайрылсак болот. Сыйынабыз Теңир, биз башка адамдарга пайдалуу болуш үчүн бизден талап кылынган бардык иштерди аткарууну каалайбыз. Биз күн сайын кантип өз үй-бүлөбүзгө жардам бере аларыбызды көргөзүп берчи. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. «Болгону мен эмес!» Чыгуу 2:11–4:20 МУСА КУДАЙДЫ УКТУ БЕЛЕ? ЖЕ КУДАЙ АГА АЙТКАН НЕРСЕГЕ КОШ КӨҢҮЛ КАРАП КОЙДУ БЕЛЕ? Муса Мисирде канзада катары тарбияланып жана фараондун ак сарайында анын улуу уулу катары жашаган. Ошентсе да, Муса өзүнүн Кудай элинен экендигин билген. Муса өз мекендештерин фараон оор иштерге салып, кантип кыйнап жаткандыгын көргөн. Аларды кулга айландырып салганына абдан нараазы болгон. Ал Кудайдын элине жардам бергиси келген, бирок ойлонбой эле аракеттене баштаган. Анын жардам берүүгө карата болгон ыкмалары Кудайга жаккан эмес. Мындан тышкары, Муса өзүнө карата фараондун каарын туудуруп алган. Ошондуктан Мусага Мисирден качып кетүүгө туура келген. Узак жылдар бою ал койчу болуп жүргөн. Анан ошентип, бир күнү кой багып жүргөн кезинде Муса укмуштуу бир жарыкты көрөт. Бир бадал күйүп жатты, бирок жалын анын жалбырактарын күйгүзүп кеткен жок. Муса ага жакын келип, күйүп жаткан бадалдын ичинен Кудайдын үнүн укту. Муса бут кийимин чечип, отко жакындады, анткени ал турган жер өзгөчө болчу. Кудай Мусанын Мисирге кайтышын каалаган, ошондуктан Ал: — Сен Менин элимди Мисирден өз жерине алып чыгып кетишиңди каалайм, — деди. Муса Кудайдын буйругун аткарууга макул болдубу же жокпу? Муса мындай деп жооп берди: — Болгону мен эмес! Мен Сенин элиңди кое берүүгө фараонду кантип ишендире алмак элем? Кудай Мусага: — Мен сени менен боломун, — деди. Бирок, Муса мындай деп кайталады: — Болгону мен эмес! Адамдар мага ишенишпейт. Алар Сенин атыңды билгилери келишет. Аларга мен эмне деп жооп берем? Ошондо Кудай Мусага: — Мен Бар болуп Туруучумун. Менин атым ушундай. Эми Муса Кудайга тил алдыбы же жокпу? Жок, ал өзүнүкүндө турууну уланта берди: — Болгону мен эмес! Мен Сени көргөндүгүмө эл ишенбейт. Буга жооп кылып Кудай Мусага колундагы койчу таягын жерге таштоону буюрду. Таяк жерге тиери менен жыланга айланып кетти! Кудай Мусага жыланды куйругунан кармап алууну буюрду. Мусанын колундагы жылан кайрадан таякка айланып кетти. — Менин элимдин көзүнчө ушундай кыл, — деди Кудай. — Ошондо алар сенин Мени көргөндүгүңдү билишет, — деди. Анан ушул жолу Муса макул болдубу? Жок, ал кежирденгенин уланта берди: — Бирок мен жакшы сүйлөй албайм да, тилим да так эмес. Кудай бул жагынан да Мусага жардам берерин айтты. Аны менен чогуу Мисирге анын тууганы – тилге чечен Арун барарын убада кылды. Ошентип, Муса маанилүү нерсени тандашы керек болчу. Ал Кудайдын буйругуна кулак салды, андан Кудай эмне кылышын каалап жаткандыгын эми түшүндү. Ал Кудайдын буйругун аткарып, Мисирге кайра кетсе болот болчу. Же болбосо, ал кереги жок талашты уланта берсе да болот болчу. Муса эмне кылды? Ал Кудайдын буйругун аткарууну чечти, Мисирге кайтып барууга макул болду. Мусанын Ага тил алчаак болгонуна Кудай ыраазы болду. Муса өзүнүн күчүнөн шек санаганы менен, Кудайдан уккан нерсесинен улам абдан толкунданды. Анан Муса Кудайдын элин куткаруу үчүн Мисирге жөнөп кетти. Эстеп көрөбүз Кудай Мусадан эмнени сурады? Кудайдын буйругун аткарбаш үчүн Муса кандай шылтоолорду ойлоп тапты? Муса туура чечим кылдыбы же жокпу? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көрчү Сен таптакыр баргың келбеген жактардын бирин эстеп көрө аласыңбы? Ошондой учурда кандай сезимде болоруңду Кудайга айт. Анан Андан сага жардам беришин сура, Ал сага Мусага жардам бергендей жардамдашсын. Туура тандаганды үйрөн Кезектеги жолу машинада бара жатканыңда, Кудай сенин жаныңда экендиги тууралуу ойлон. Ар бир пландаштырылган же мажбур токтогон жерлердин баарында: “Кудай ушул жерде биз менен” деп айта аласың (банкта, китепканада, магазинде, ж.б. жерлерде). Кудай бизден эмнени сураса, ошону жасай алышыбыз үчүн жардам берет. Сыйынуу Теңир, кээде бизге Сен сураган нерсени кылуу кыйынга турат. Сенин буйруктарыңды аткаруу үчүн бизге эрдик бере көр жана бизге Сен дайыма, бардык жерде биз менен экендигиңе бекем ишенишибизге жардам бер. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. «Жок!» Чыгуу 7–10 ФАРАОН КУДАЙДЫН КУДУРЕТТҮҮ КҮЧҮНӨ ИШЕНДИ БЕЛЕ? ЖЕ АЛ КУДАЙДЫН КУДУРЕТТҮҮ ЭКЕНДИГИНЕ ИШЕНГЕН ЖОК БЕЛЕ? Муса менен анын агасы Арун Мисирге кайтып келишет. Алар фараонго келишип, Кудай Анын элин бошотууну буюруп жатат дешкенде, фараон ишенген жок. Ошондо Арун койчу таягын жерге таштап жибергенде, дароо ошол замат таяк жыланга айланып кетет. Бирок фараон мурдагысындай эле аларга ишенбейт жана аларды бошотуу тууралуу угуп да койгусу келбейт. Ал: — Жок! – деп айтат. Муса фараонго жалгыз гана кудуреттүү Кудай — анын Кудайы экендигин, Ал мисирликтердин бардык кудайларынан жогору турарын эскертип айтат. Фараон болсо, өз кудайлары тууралуу ойлойт. Эмне үчүн ал Мусанын Кудайынын кудурети тууралуу ойлошу керек экен? Ал кайрадан: — Жок! — деп айтат. Ошондо Кудай мисирликтерге кайгыларды жиберет. Бул кайгылар Кудайдын каары деп аталат. Алгач Кудай дарыялардагы сууларды канга айландырат, андан кийин мисирликтерге укмуштай коркунучтуу бакаларды жиберет. Анан ошондо Муса кайрадан фараондон: — Кудайдын элин бошотосуңбу? — деп сурайт. Бирок, фараон: — Жок! — деп жооп берет. Ошондо Кудай мисирликтерге майда чиркейлерди, анан чымындарды, анан көгөн деп аталган чоң чымындарды жиберет. Ал үй жаныбарларын өлтүрө турган ооруну жиберет. Дагы башка оорудан жаныбарлардын жана адамдардын денесинде туюк жаралар пайда болот. Андан кийин Кудай мөндүрлөрдү жана чегирткелерди жиберет. Акыр-аягында Мисирди караңгылык каптайт. Фараондун кол алдындагылар үрөйлөрү учкандай коркунучка кабылышат. — Эми кое бересиңби Кудайдын элин? — деп сурайт Муса. Ошентип, фараон маанилүү чечимди кабыл алышы керек болчу. Ал Мусанын Кудайы кудуреттүү Кудай экендигине ишенип, Анын жаратылыш күчтөрүнүн үстүнөн, жаныбарлардын үстүнөн жана адамдардын үстүнөн күчү бар экендигин моюнга алышы керек болчу. Ошондо анан ал Кудайдын элин кое бериши керек эле. Же болбосо, мурдагыдай кылып эле аларды кулчулукта кармап тура бериши керек болчу. Анан фараон кайрадан эле: — Жок! — деди. Кудайдын кудуреттүүлүгүнө фараондун дале ишенбей жаткандыгына Кудай кейиди. Ал Мусаны Өз элин бошотуш үчүн жөнөткөн болчу. Демек, качандыр бир кезде Кудай Мусага аны ишке ашырууга жардам берет. Эстеп көрөбүз Кудай фараондон эмнени талап кылды? Кудай Мисирге кандай кайгыларды жиберди? Фараон туура чечим кылды беле же жокпу? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көрчү Кудай кудуреттүү күчкө ээ экендигине ишенесиңби? Ал сага жардамга келүүнү каалагандыктан ошол күчүн колдоноорун унутпа. Сен ооруп жатканыңда, көңүлүң чөгүп турганда же чагылгандуу жаан болуп жатканда Кудай сага кантип жардам берери тууралуу айтып берсең. Туура тандаганды үйрөн Жаратылыштын талкалоо алып келе турган көрүнүштөрүн (чагылгандуу жаан, жер титирөө, добул же ж.б.у.с.) санап көрсөң. Ушундай учурлардын баарында Кудай биз менен экендигин сезүү кандай гана сонун сооронуу! Ал бир кездерде Мисирде Өз эли менен болгон сыяктуу эле, биз менен да дайыма чогуу жаныбызда болот. Биз Кудайдын кудуреттүү экендигине жана Ал бизди сүйөрүнө бекем ишенип кое берсек болот! Сыйынабыз Теңир, биздин Сага жана Сенин кудуреттүү күчүңө ишенишибизге жардам бер. Сен бизди сүйөсүң жана биз да Сени сүйөбүз. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Пасах Чыгуу 11–12 КУДАЙДЫН ЭЛИ КУДАЙ МЕНЕН КУТКАРЫЛАРЫНА ИШЕНДИ БЕЛЕ? ЖЕ АЛАР КУДАЙ АЛАРДЫ МИСИРДЕН ЧЫГАРЫП КЕТЕ АЛБАЙТ ДЕШТИ БЕЛЕ? Фараон Кудайдын элин Мисирден кетирбей жатты. Кудай бул өлкөгө ушундай жаман кайгыларды жиберип жатты. Ар бир жиберилген кайгыдан кийин Муса фараондон эми ал Кудайдын элин кое береби деп сурап жатты. Бирок Мисирдин улугу ага кайра эле: — Жок! — деп жооп берип жатты. Эми Кудай Мисирге өлүмдүн периштесин жиберүүгө аргасыз болду. Бирок, Ал баарынан мурда Кудайдын эли бул жазадан аман сакталып каларына бекем ынангысы келди. Андыктан, Кудай Мусага такталган маанилүү тапшырманы берди, анткени ал башкаларга дагы эмне кылыш керектигин түшүндүрүп айтып бериши керек болчу: — Өз үйлөрүңөрдүн эшиктеринин кашектерине козунун канын сыйпап койгула. Бул өлүм периштесине ага бул жакка киргенге болбойт дегенди билдирүү үчүн кызмат кылат. Адаттагыдан эртерээк бышыруу үчүн ачыткысыз камырдан нан жасагыла. Союлган козунун этин отко бышыргыла, анан аны жеп бүткөндөн кийин кайсы учур болсо да дароо үйлөрүңөрдү таштап, жөнөп кетүү үчүн даяр болуп тургула. Ошентип, Кудайдын эли маанилүү нерсени тандашы керек болчу. Алар Кудайга ишенип жана зарыл болгон бүт нерселерди жасашы керек болчу: эшиктеринин кашектерин козунун каны менен сыйпап, тездик менен даярданып жана кечки тамакты жеп бүтүп калышы керек болчу. Же болбосо, Кудайдын эли Мисирде кулчулукта тумчугуп, жашоону уланта бериши керек болчу. Мына ошентип, адамдар эмне кылышты. Өлүм периштеси шаарга киргенге чейин алар үйлөрүнүн эшиктеринин кашектерин козунун каны менен сыйпап чыгышты. Алар ачытылбаган камырдан нан жасашып, анан аны өздөрүнүн кулчулукта өткөн оор күндөрүнүн белгиси катары ачуу чөп кошуп жешти. Ушул маалда өлүм периштеси шаардын көчөлөрүн аралап жүргөн болчу. Алар жолго чыкканда кармалбаш үчүн, кечки тамакты жешкенде да сырткы кийимдерин чечпестен туруп жешти. Өлүм периштеси жакындап келе жатты. Бирок, козунун каны аларды коргоп турду. Өлүм периштеси Кудайдын эли жашаган үйлөрдөн кыя өтүп кетип жатты. Алардын арасынан бирөөсү да өлгөн жок. Өлүм периштеси мисирликтердин бардыгынын үйлөрүнө кирип чыкты, анан акыр-аягында фараондун ак сарайын көздөй жөнөдү. Ошол түнү фараон Муса менен Арунга киши жиберип, минтип айттырды: — Мисирден чыгып кеткиле! Кудайдын эли эркиндикте болуп калды! Кудай Анын эли Ага ишенишип, Ал эмне деп буюрган болсо, ошонун баарын аткаргандыктары үчүн ыраазы болду. Кудай аларды сактап жана аларга эркиндик берди. Эстеп көрөбүз Кудай Өз элин өлүм периштесинен кантип сактап калды? Кудайдын эли Ага ишенип, Анын айткандарына тил алчаак болуштубу же жокпу? Кудайдын эли туура чечимди тандаштыбы же жокпу? Ошол түнү фараон Мусага эмне деп айтты эле? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көрчү Кудай бизди ар кандай кырсыктардан куткара алат. Ал бизди күнөөдөн да куткара алат. Сен Кудайдын жардамы менен эмнеден бошонгуң келет? Туура тандаганды үйрөн Ачыткысыз нанды жеп көрсөң, аны кээде калама деп коюшат же кадимки эле крекер. Ошол мезгилден бери жакка эврейлердин пасахтык дасторконунда ачыткысыз нан дайыма болот. Бул алардын жана биздин эсибизге Кудайдагы куткарылууга ишенишибиздин зарылдыгын салып турат. Кудай бизди ар кандай жамандыктан сактагысы келгендиктен, биз Ага тил алчаак болуп жана Ага ишене алабыз. Сыйынабыз Теңир, Сен бизди ар кандай жамандыктан сактагың келгендиги үчүн, Сага ыраазыбыз. Бизди күнөөдөн куткаруу үчүн Ыйсаны жиберген Сага болгон биздин ыраазычылыгыбыз кандай гана улуу. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Деңиздин ортосундагы кургактык Чыгуу 13:17–14:31 КУДАЙДЫН ЭЛИ МУСА АЛАРДЫ ДЕҢИЗ АРКЫЛУУ АЛЫП ӨТӨӨРҮНӨ ИШЕНИШТИ БЕЛЕ? ЖЕ ЭЛДЕР КУДАЙ МУСАГА ЖАРДАМ БЕРЕ АЛБАЙТ ДЕП ОЙЛОШТУ БЕЛЕ? Муса жана Кудайдын эли ушунчалык чечекейлери чеч боло кубануу менен Мисирди таштап чыгып кетишти. Алар өздөрү менен уй, кой, эчки, эшек ж.б. алып кетишти. Кудайдын элинин арасынан бир дагы адам Мисирде калып калган жок. Алардын баары өздөрүнүн Ыбрайым атасынын жерине кайтып кетишти. Чоң кишилер да, балдар да жөнөп баратышты. Карыялар да, жаштар да бара жатышты. Алар эми адилетсиз фараондун кулдары эмес! Сырттан карап турган адамга булар кандайдыр-бир укмуштуу сейилге бараткандай сезилет эле. Ал эми, фараон болсо Мисирде калды. Андан коркунуч өтүп кеткенден кийин кайгыга чөмүлдү, андан кийин каардана баштады. Каары кайнаган фараон алдоо жолу менен Кудайдын элин бошотуп жиберүүгө мажбурлады деп Мусага ачуусу келди. Фараон алты жүз жоокерин алып алды да, качкындардын артынан түштү. Алар тез жүрүүчү арабаларга отурушуп, өздөрү менен чогуу курч найзаларды да алып алышкан эле. Аларды Мусаны токтотуп, Кудай элин Мисирге кайра кайрып келүүнү каалаган эңсөө ээлеп алган эле. Кудай Өз элин уламдан-улам алыстатып баратты. Күндүзү Ал булут сындуу түркүккө окшоп адамдарга жол көрсөтүп, ал эми түн ичинде болсо, күйүп жаткан от түркүгүндөй болуп жол көрсөтүп баратты. Анан акыр-аягында алар бет алдыдан көз жетпеген, мелмилдеп жаткан Кара деңизди көрүштү. Алар артка кылчайып карап туруп, тээ алыс-алыс жактардан көтөрүлгөн чаңды көрүштү. Уюлгуган чаңдын арасынан качкындарды кууп жетип, аларды Мисирге кайрып келүүгө шашып келе жаткан фараондун арабаларын жана жоокерлерин көрүштү. Кудайдын элинин үрөйү учуп кетти. Алды жактан мелмилдеген деңиз, арт жагынан фараонду жана анын жоокерлерин көрүп турушту. Ошондуктан, адамдар Кудайдын жардамын суранып жатышты. Бирок адан кийин алар Мусага нараазы боло башташты: — Эмне үчүн сен бизди Мисирден алып чыктың? Биз мурдагыдай эле ошол жакта кул болуп жүрө бермекпиз. Бул жерде чөлдө жүрүп өлгөндөн көрө, ошол жакта эле калганыбыз жакшы болчу. Муса адамдарды тынчтандырып жана шыктандырып баштады: — Коркпогула. Силер болгону, Кудай бизге кантип жардам берип жаткандыгын карап көрүшүңөр гана керек. Ал фараонду да анын жоокерлерин да жок кылат жана бизди коргойт, — деди. Ошентип, Кудайдын эли манилүү нерсени тандашы керек болчу. Адамдар өз жол башчылары Мусага ишенип жана качан Кудай ага эмне кыларды айтышын күтүшсө да болот болчу. Же болбосо, алар өздөрүнүн жеке күчтөрүнө ишенишип жана мындан ары эмне кыларды өздөрү ойлош керек болчу. Эгерде адамдар Кудайдын жардамдашууга алы жетпейт дешсе, анда Мисирге кайтып барыштары да мүмкүн болчу. Мына, анан Кудайдын эли эмне кылды? Алар өз жол башчылары Мусага карашты. Ал болсо, эми эле Кудай менен сүйлөшүп жана эми Кудай эмнени каалаган болсо, ошону кылганы жаткан. Муса таяк кармап турган колун көтөрүп, анан деңизге карай сунду. Анан дароо ошол замат катуу шамал башталып, суу чайпала баштады. Түнү бою катуу шамал болду жана таң эртең менен суу кайтып, деңиздин ортосу ачылып, кургактык пайда болду. Кудайдын эли токтолбостон ушул жолго келип, деңиздин аркы жээгине алып барган багытка түшүштү. Адамдар менен кошо койлор, эчкилер, уйлар жана эшектер да баратышты. Жолдун эки жак тарабында тең деңиздин толкундары чайпалып, суулар чачырап турду. Алардын артында фараондун арабаларынын дөңгөлөктөрү калдырап жатты. Бирок, Кудайдын эли деңиздин ортосундагы кургактык менен өздөрүн толук коопсуздукта сезип бара жатышты. Качан акыркы козу жээке чыккан кезде Кудай Мусага кайрадан таякты деңиз тарапка сунууну буйруду. Ал ушундай кылаар замат эле суу мурдагы калыбына келип, ачылып турган кургактык жабылып калды. Суу жайыла каптап фараонду да, анын жоокерлерин да, анын арабаларын да кучагына алды. Кудайдын эли Мусага ишенгендиктери үчүн кубанышты. Муса жакшы жол башчы болчу. Ал Кудайды укту жана Кудай аларга такыр мүмкүн эместей сезилген учурларда да жардам берди, куткарды. Эстеп көрөбүз. Булут жана от түркүктөрү Кудайдын элине кантип жардам берди? Эмне үчүн эл коркуп кетти? Кудайдын эли туура нерсени тандаштыбы же жокпу? Муса эмне үчүн жакшы жол башчы болгон? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Кудай сенден эмнени күтүп жаткандыгын билишиң үчүн, кандай кырдаалдарда сага Кудайдын жардамы керек? (Качан мен кыйын кырдаалга туш болгонумда, качан мени бирөөлөр таарынтканда, качан мен ооруп жатканда ж.б.) Сен кантип ойлойсуң, эмне кылыш керектигин сага дагы ким айтып бериши керек? (Ата-энең, мугалимдер, кайтаруучу, башка машайакчылар). Туура тандаганды үйрөн Бир үймөккө жаздыктарды, төшөктөрдү, сүлгүлөрдү бир топ кылып үйүп туруп жана алардын ортосунан жол ачып кой. Анан ошол “жолдон” Кудайдын эли сыяктуу тездик менен өтүп кет. Биз Кудайды сүйгөн адамдарга бизди жетектеш үчүн ишенсек болот. Сыйынабыз Теңирим, бардык болуп жаткан нерселердин баарын Сен башкарып турганың үчүн ыраазчылык билдиребиз! Бизди жетектеп жаткан адамдарга бизге жардам керек учурда эмне кылышты көргөзүп берип жатканың үчүн Сага ыраазыбыз. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Кудайдын жагымдуу парыздары Чыгуу 19:16–20:21; 31:18; Мыйзамды кайталоо 5 МУСА КУДАЙДЫН ПАРЫЗДАРЫНА ТИЛ АЛЧААК БОЛДУ БЕЛЕ? ЖЕ АЛ ЖӨНҮНДӨ ЭЧ НЕРСЕ УККУСУ КЕЛГЕН ЖОК БЕЛЕ? Кудайдын эли Муса менен бирге Ыбрайымдын жерин карай жолун улантып баратышты. Кудай дайыма алардын жанында болуп жана аларды сактады. Бир жолу Кудай Мусага тоонун чокусуна чык деп буйрук берди. Кудайдын Өзүнүн эли үчүн бир нече парыздары болгон. Адамдар Кудайдан коркушкан, андыктан Ал Мусага бул парыздарды ук деп буйрук кылган. Адамдар өз жашоолорунда Кудайдын жетегинде жүрүшү үчүн Анын мыйзамдары жана парыздары керек болорун Кудай билген. Адамдар Кудайды жана бири-бирин кантип сүйүш керектигин билиштер и керек болчу. Кудай бул парыздарды Мусага өзүнүн өзгөчө белеги катарында бергиси келген. Ал адамдарды ушунчалык сүйгөндүктөн, алардын эле жыргалчылыктары үчүн Өз парыздарын бергиси келген. Качан адамдар Кудайдын мыйзамдары боюнча жашаган кездеринде, аларда баары жакшы болот. Ошентип, Муса Кудайдын парыздарын угуп жана аларды кантип аткарып жана кантип ал аркылуу бактылуу болуш керектиги тууралуу адамдарга түшүндүрүшү керек болчу. Же болбосо, ал Кудайды угуп, эмне кылам деген чечимге келиши керек болчу. Муса Кудайды угууну чечти жана Кудай ага Өз парыздарын берди: 1-парыз: Кудайды бүт баарынан көбүрөөк сүй. 2-парыз: Өзүңө буркан жасаба жана аларга табынба, кызмат кылба. 3-парыз: Дайыма Кудай-Теңириңдин атын кастарлап айтып жүр. 4-парыз: Жуманын ичиндеги бир күндү Кудайды арноо үчүн бөлүп кой. 5-парыз: Өз ата-энеңди сүй жана урматта. 6-парыз: Өлтүрбө. 7-парыз: Өз күйөөңдү же аялыңды өмүрүң өткөнчө сүй. 8-парыз: Уурдаба. 9-парыз: Башка адамдарга жалаа жаппа. 10-парыз: Башкаларга тиешелүү болгон нерсени көз артуу менен каалаба, ал сенин бүткүл оюңду ээлеп калбасын. Кудай Өз парыздарын лооктор деп аталган эки тегиз, жалпак ташка жазган. Лооктордогу таштар абдан маанилүү болчу. Эгерде адамдар Кудайдын парыздарын аткара башташса, анда алар бактылуу болушат. Кудай да аларга ыраазы болот. Эстеп көрөбүз Эмне үчүн Кудай Өз элине парыздарды бергиси келди? Эмне үчүн Кудай ушул парыздарды Мусанын угушун каалады? Муса туура нерсени тандадыбы же жокпу? Кудайдын парыздарынын баары биригип канча болчу? Сен ошолордун бирөөнү же бир нечесин айтып бере аласыңбы? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Бир, эки парызды тандап ал дагы, анан эмне үчүн аларды аткарсаң сен бактылуу болоруң тууралуу айтып бер. Туура тандаганды үйрөн Кагаздын бетине “Кудайды жана бири-бириңерди сүйгүлө!” деп жаз жана аны эшиктин үстүнө илип кой. Чыгуу үчүн же кирүү үчүн эшикти ачкан кезде бул сөздөрдү үнүңдү чыгарып айт. Алар абдан маанилүү. Эгер сен бул сөздөрдү жөн гана айтып койбостон, айтып жатканыңды иш жүзүндө аткарсаң, анда бардык он осуятты сактайсың. Кудайдын парыздарын аткаруу бизди бактылуу кылат! Сыйынабыз Теңирим, Сен бизге Өз парыздарыңды бергениң үчүн ыракмат. Алар бизди коргошот жана Сени менен да, адамдар менен да тынчтыкта жашаганга жардам берет. Дайыма туура тандаганга жана Сенин парыздарыңды аткарганга бизге жардам бер. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Муса жоголуп кетти! Чыгуу 32–34 МУСА КАЙРЫЛЫП КЕЛГЕНГЕ ЧЕЙИН АРУН БАШКАЛАР МЕНЕН БИРГЕЛИКТЕ КУДАЙДЫН ПАРЫЗДАРЫН АТКАРДЫ БЕЛЕ? ЖЕ АЛ АЛАРДЫ БУЗДУ БЕЛЕ? Муса тоонун чокусунда Кудай менен сүйлөшүп жаткан кезде, эл ылдыйда, ойдуңда аны күтүп жатты. Муса көпкө чейин болгон жок, анан ал кыска убакытка чейин гана кайтып келип, кайрадан тоого чыгып кетти. Бул жолкусунда ал өтө-өтө узакка чейин жок болду. Анан адамдарда алардын жол башчылары тирүү барбы же жокпу деген шектенүүлөр пайда болду. Эгерде, Муса ушунчалык узак убакытка чейин жок болсо, мүмкүн эми ал аларга эч качан кайрылып келбестир деп ойлошту адамдар. Эгерде Кудай менен Муса сүйлөшпөсө, анда анын ордуна ким Аны менен сүйлөшөт? Кудайдын эли эми аларга башка кудай керек деп чечишти. Алар мисирликтердин көптөгөн кудайлары болгондугун эстешти. Мисирликтер таштан чегип же ылайдан куруп, өздөрүнө кудай, башкача айтканда, буркан жасашкан. Ал тургай, кээ бир буркандарды алтындан жасашкан. Бирок, ошол кудайлардын баары чыныгы кудайлар эмес экендигин жана алар эч кандай күчкө ээ эмес экендиктерин Кудайдын эли унутуп койду. Буркандар тууралуу эстешкен адамдар өздөрүнүн алтын жасалгаларын чыгарышып, аны Мусанын агасы Арунга алып келип беришти. Алар Арундан өздөрү көрүп жана ага сыйынып туруш үчүн алтындан куюп, кудайдын турпатын жасап берүүсүн өтүнүп суранышты. Ошентип, Арун өтө манилүү нерсени тандоого чечим чыгарышы керек болчу. Ал: “Муса сөсүз келет, ошондуктан алтындарыңарды алып кеткиле!” десе болот болчу. Ал Кудай Өз элин таштабайт жана сөзсүз түрдө аларды Ыбрайымдын жерине алып келет деп ишенсе да болот болчу. Же болбосо, ал адамдар алып келген алтын жасалгаларын эритип туруп, алар көрүп, анан табынып, сыйына турган буркан жасап берсе да болот болчу. Мүмкүн, чынында эле Муса эми таптакыр келбестир, анан Кудай менен алар үчүн эми эч ким сүйлөшө албастыр. Арун эмне кылды? Ал алтындарды эритип, андан аябай чоң алтын музоону жасады да, ошону өздөрүн Мисир жеринен чыгарган кудай деп атаганга уруксат берди. Адамдар музоого — бурканга белектерди алып келишти да, андан кийин аны тегеректеп алышып ырдап, бийлешти. Алар Муса эми эч качан келбейт, эми алар үчүн эч ким Кудай менен сүйлөшпөйт деп ойлошуп, алтын музоого табына башташты. Адамдар алтын музоого табынып жаткан мезгилдин так өзүндө Муса кайрылып келип калды. Ал өз элине ушунчалык ачуулангандыктан, колунда Кудайдын парыздары жазылган эки таш лоокту жерге таштап жиберип, талкалап алды. Муса Арундан минтип сурады: — Сен эмне кылып койдуң? — Ачууланба, — деп жооп берди Арун. Бирок Муса алардын кылганына Кудай ушунчалык кейип жаткандыгын түшүндүрдү. Муса кайрадан Кудайга кайрылып барып, Андан Кудайдын элин таштабашын суранды. Анан ал колуна башка эки лоокту көтөрүп алып тоодон түштү. Жаңы лооктордо да мурдагыдагыдай эле Кудайдын парыздары жазылган болчу. Кудай Мусага ыраазы болгондуктан, анын суранычын аткарды. Кудай Өз элин Ыбрайымдын жерине алып келем деген убадасынан баш тарткан жок. Кудайдын эли көп жылдык сапарынан кийин Кудай убада кылган жерге жетип келишти. Эстеп көрөбүз Адамдар эмне үчүн аларга башка кудай керек деп чечишти? Арун туура чечим кабыл алды беле же жокпу? Адамдар Арун куюп берген алтын музоону эмне кылышты? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Сен кимдир-бирөөнү (тиш доктурду, дүкөндөгү кассирди, атаңдын же энеңдин үйгө кайтып келишин күтүп, Кудайдын сенин сыйынууңа жооп беришин күтүп жатасың) күтүүгө мажбур болуп жатканыңды айт. Күтүү мезгилинде машайакчылык ырларды ырдап же Ыйык Китептеги аяттарды кайталаганга кандай карайсың? Туура тандаганды үйрөн Күтүп жаткан мезгилде “Саймон айтат” деген оюнду ойной аласыңбы? Сенин кандайдыр бир аракеттерди жасашыңды Кудай каалабай жаткандыгына бекем ишене алсаң, анда “Саймон айтат” деген сөздү айтпа. Ал эми, Кудай сенин аракеттериңди кубаттаганын сезип жаткан учурларда болсо: “Саймон жылмай деп айтат”, “Саймон ырда деп айтат”, “Саймон кимдир-бирөөнү кучакта деп айтат” деген сөздөрдү айт. Күткөн жеңил эмес, бирок биз Кудайга тил алчаак болсок, күтүү анчалык деле узак болуп сезилбейт. Сыйынабыз Теңир, дайыма сага тил алчаак болгонго бизге жардам бер. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Сурнайды тарткыла Мыйзамды кайталоо 34; Нундун уулу Жашыянын Китеби 6 НУНДУН УУЛУ ЖАШЫЯ ЖЕРИХОГО БАЙЛАНЫШТУУ КУДАЙДЫН БУЙРУКТАРЫН АТКАРДЫ БЕЛЕ? ЖЕ БОЛБОСО, АЛ ӨЗҮНҮН ЖЕКЕ КААЛООСУ БОЮНЧА ИШ КЫЛДЫ БЕЛЕ? Кудайдын эли кырк жыл бою чөлдө жер кезип кыдырып жүрүштү. Канчалык узак! Бул убакыт ичинде балдар чоңоюшуп, өз алдынча үй-бүлө куруп калышты. Алардын көпчүлүгү чоң аталар жана чоң энелер болуп калышты. Бирөөлөрү өсүп-чоңойгонго чейин, башкалары картайып жана чөлдө өлүп жатышты. Акыр-аягында Муса жана Кудайдын эли Ыбрайымдын жерине жетип келишти. Аларга болгону Иордан дарыясынан өтүп туруп, өздөрүнүн жаңы үйлөрүн ээлеш гана керек болчу. Ал мезгилдерде Муса өтө картайып да калган. Кудай Мусаны кайрадан тоого чыгып, ал жактан Иордан дарыясынын башка жээгиндеги жерге көз чаптыруусун буюрду. Муса баталуу жерди көрдү да, акыркы демин алды. Муса жакшы жол башчы болгон, ал өлгөндөн кийин Кудай Өз элине андан кем болбогон дагы бир жол башчыны — Нундун уулу Жашыяны берди. Жаңы жол башчы адамдарды Иордандан алып өттү. Мына ошентип, алар бийик жана калың, бекем дубалдар менен корголгон Жерихо деген чоң шаарга келишти. Бул шаардын тургундары алар жашап жаткан жер Кудайдын элине тиешелүү болуп калышын каалашкан жок. Нундун уулу Жашыя болсо, Кудай бул жерди Өз элине берүүнү убада кылганын билчү. Андыктан ал ага Өз ойлорун ачып берип жаткан Кудайды кунт коюп укту. Нундун уулу Жашыяга Кудай: “Сен Менин элимди алты күн бою, алар Жерихо шаарынын дубалдарынын сыртынан күндө бир жолудан алты күн айланып чыкканга чейин баштап жүрүшүң керек”, — деди. “Ал эми, жетинчи күнү болсо, шаарды жети жолу айланып чыгасыңар. Ким сурнай тартса, алар катуу тартышы керек. Анан эл күч бардыгын билдирип кыйкырсын. Качан силер ушундай кылган кезде Жерихонун дубалдары талкаланат”. Ошентип, Нундун уулу Жашыя маанилүү нерсени тандашы керек болчу. Ал Кудайга тил алчаак болуп, элди чогултуп жана аларды Жерихону айлантып алып жүрүшү керек болчу. Мүмкүн, кээ бирөөлөр мындан эч кандай майнап чыкпайт деп да ойлошу мүмкүн. Анын үстүнө, Жериходо жашагандар алардын үстүнөн шылдыңдап күлүшү да ыктымал. Бирок, Кудай так мына ушундай кылуу Кудайдын элине шаарды ээлеп алганга жардам берет деп айткан. Же болбосо, Жашыя өз адамдарын артка, Иордандын башка жээгине алып кетип, Кудай аларга ээлегенге берем деген жерди ээлеп алганга эч качан аракеттенбей койсо да болмок. Чынында карап турган адамга Жерихонун бекем дубалдары такыр эле солк этпестей сезилип турду. Анан ошентип, Нундун уулу Жашыя эмне кылды? Ал өз адамдарын чогултуп алып, бир күндө бир жолу алар менен чогуу Жерихону айланып чыгып жатты. Ал биринчи күнү да, экинчи күнү да, үчүнчү күнү да, төртүнчү күнү да, бешинчи күнү да, алтынчы күнү да ушундай кылды. Кимдер сурнай тарткан болсо, алар сурнайды катуулап тартышты. Жетинчи күнү баары кайрадан тизилип алышып, шаар-ды жети жолу айланып чыгышты. Ким сурнай тартыш керек болсо, алар абдан катуулап тартышты. Шаардын дубалынын сыртынан жетинчи жолу тегеренип баратышканда алар дагы да катуураак сурнай тартышты. Анан Нундун уулу Жашыя минтип буйрук берди: — Убакыт жетти! Кыйкыргыла! Анан бүт баарысы канчалык алы келсе, ошончолук кыйкырышты. Алар ушинтишкенде Иерихондун дубалдары кулап, талкаланып түшө баштады! Эми Кудайдын эли ага Кудай убада кылган жерде жашай алат. Нундун уулу Жашыя Анын көрсөтмөсүн аткаргандыгы үчүн Кудай кубанды. Кудайдын эли да бактылуу эле. Эми алардын өздөрүнүн жери бар жана Кудай да алар менен болчу. Эстеп көрөбүз Муса көз жумгандан кийин Кудайдын элинин жол башчысы ким болуп калды? Кудай Нундун уулу Жашыяга эмне кылууну буюрду? Нундун уулу Жашыя туура тандадыбы же жокпу? Жерихонун дубалдары эмненин айынан талкаланды? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Силердин үй-бүлөңөрдө пайда болгон кандайдыр бир көйгөйлөр үчүн жана ага карата Кудайдын адаттан тышкары болгон чечимин билүү үчүн сыйынууга туура келген учурлар болду беле? Анын көрсөтмөлөрүн ээрчүү силерге жеңил болду беле же кандай? Туура тандаганды үйрөн Кагаздан бир нече сурнайларды жаса жана Жерихону айланып чыгып жаткандай болуп элестет. Ошолорду жасап жатканда бардык көрсөтмөлөрдү сөзсүз аткар. Биз сыйынган кезде, Кудай бизге туура көрсөтмө берээрине ишенсек болот. Сыйынабыз Теңир, Сенин ойлоруң дайыма сонун! Сенин Өз элиңе берип жаткан акылман кеңештериң үчүн Сага ыраазыбыз. Бизге дайыма Сенин жолдоруң менен жүрүүгө жардам бер. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Бирге баруу Руттун Китеби 1–4 РУТ НААМИНИ СҮЙДҮ БЕЛЕ ЖАНА АГА ЖАКШЫ МАМИЛЕ ЖАСАДЫ БЕЛЕ? ЖЕ АЛ НААМИ ЖӨНҮНДӨ УНУТУП КОЙДУ БЕЛЕ? Кудай Өзүнүн элине берген жерден алыс эмес эле жерде Рут деген жаш аял жашайт эле. Кудайдын бир нече адамдары алардын жерлерине көчүп келип отурукташа башташканда, ал абдан кубанган. Алар жашаган өлкөдө ачарчылык башталганда төрт адамдан турган бир үй-бүлө ал жашаган жерге келип, катар отурукташып калышты. Рут абдан бактылуу болду, анткени ушул үй-бүлөдөгү жаш жигит анын күйөөсү болуп калды. Анткен менен, Руттун бактысы кыска болду. Көптөгөн кайгылуу нерселер болуп өттү. Бул үй-бүлөнүн кожоюну биротоло көз жумду. Андан кийин, Руттун күйөөсү жана анын бир тууганы да каза болушту. Төрт кишиден турган үй-бүлөдөн жалгыз гана энеси калды. Аны Наами деп аташкан. Ал өз үйүнөн алыс жерде жашаган. Анан Наами анын өлкөсүндө нан мол болду деп угуп калды. Андыктан, Наами өзүнүн шаары Бейт-Лехемге кайра кайтууну чечти. Анын өлгөн уулдарынын келинчектери болгон эки жаш аял аны менен бирге кеткилери келишкендигин айтышат. Алардын бирөөсүнүн аты Рут, бирөөсүнүкү Орпа болчу. Наами анын келиндеринин ушул эле жерде калышкандыгын туура деп ойлойт. Орпа Нааминин айткандары туура деп эсептеди жана кайын энесин өптү да, коштошуп жолго түштү. Ошентип, эми Рут туура чечим кылышы керек болчу. Ал Наами менен биргеликте Кудайдын жерине барып, Нааминин Кудайын сүйүп, Аны ушул аял сүйгөндөй сүйүп, аны менен ошол жакта жашай берсе да болот болчу. Же болбосо, ал кайын энесинен кетип, өзүнүн мурдагы үйүнө кайрылып келип жашай берсе да болот болчу. Ал өз жеринде эле жашап жана Наами сүйгөн Кудайды унутуп эле жашай берсе да болот эле. Мына, Рут эмне деп айтты: — Сен кайсы жакка барсаң, мен да ошол жакка барам. Сенин элиң менин элим болот. Картайган аял эми кайра өз өлкөсүнө жалгыз кетпестигин ойлоп кубанып жатты. Алар алыс жолдон ачка болуп жана чарчап Бейт-Лехемге келишти. Бууз деп аталган аты бар бир кең пейил адам ким тамакка муктаж болуп жатса, ошолор терип алсын деп эгинин жыйнаганда атайын эле машакты көп калтырып койгон. Жакырлар өздөрүнө машакты мол кылып терип алса болот болчу. Рут дагы ошол талаага машак тергени келди. Анан ошондон Наами жана өзү үчүн нан бышырчу. Бууз Руттун картайган кайын энесине канчалык жакшы мамиле кылгандыгын байкап жүрдү. Ал келинге кайын энесин өз энесиндей сүйүп жүрүүнү айтып эле, ошону менен тим койсо да болмок. Бирок Бууз бул эки аялдын жашоо-тиричилик үчүн бардык зарыл болгон нерселери жетиштүүбү же жокпу, ошону көргүсү келди. Күн өткөн сайын Бууз Руттун Наамиге кандай урмат-сый менен мамиле кылганын көрүп, баамдап жатты. Ал так ушундай кең пейил, жакшы аял тууралуу кыялданган эле. Анан бир жолу ал Руттан анын аялы болушун суранды. Наами өзүн ушучалык бактылуу сезди. Ал Рут эми булардын ата-бабасынын жеринде жашаарын билет эле. Эми ал дагы бактылуу болуп жашайт. Көп өтпөй Бууз менен Руттун уулу төрөлдү. Туулган наристе Обейт Нааминин биринчи небереси болуп калды! Наами дүйнөдөгү эң бир бактылуу чоң эне эле. Кудай да кубанычтуу эле. Рут ага Кудай берген үй-бүлөгө ушундай камкордук менен мамиле кылгандыгына абдан ыраазы болуп жатты. Эстеп көрөбүз Руттун Наамиге болгон сүйүүсү эмнеден көрүнгөн? Рут туура нерсени тандады беле же жокпу? Руттун жаңы үй-бүлөсү кандай болгон? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Өзүңдүн жакындарыңа карата болгон сүйүү менен алар үчүн кандай жакшы иштерди жасай аласың? Сенин үй-бүлөң өзүндө болгон нерселерин муктаж болгон адамдарга кандай жол менен бөлүшө алат? Алар сен ойлогондон да жакыныраак жашашат. Туура тандаганды үйрөн Убакыт, аралык, кээде болуп калып жүргөн талашып-тартышуулар үй-бүлөдөгү бөлүнүп-жарылууларга алып келет. Бүгүн сага эмне кылган жакшы экендигин чеч, б.а. сен сүйгөн адамдарга телефон чалыш керекпи, кат жазыш керекпи? Үй-бүлөдө бири-бирине карата жакшы, сый-урматтагы мамиледе болуу Кудайга жагат. Сыйынабыз Теңир, үй-бүлөдөгү жылуу очок үчүн Сага ыраазычылык билдиребиз. Биздин үй-бүлөдө бири-бирибизди Сен ар бирибизди кандай сүйсөң, ошондой сүйгөнгө жардам бер. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. «Сенден суранам, мага уул берчи» Биринчи Шемуел 1:1–2:21 АННА АНЫН СЫЙЫНУУСУНА КУДАЙДЫН ЖООП БЕРЕРИНЕ ИШЕНДИ БЕЛЕ? ЖЕ АЛ СУРАНЫЧТАРЫНА ЖООП АЛА АЛБАЙМ ДЕП ЭСЕПТЕДИ БЕЛЕ? Аннаны дайыма кайгы коштоп жүрчү. Бул аял дайыма таза, тыкан кармаган өзүнүн жакшынакай үйүндө жашачу. Анын күйөөсү күчтүү жана кең пейил адам болчу. Аннада бир гана нерсе болгон эмес — баласы жок эле жана бул Аннаны ушунчалык кейиткен. Жыл сайын белгиленген убакта Анна күйөөсү экөө биргеликте Кудайга табына турган жерге келишкен. Алар бардык адамдар Кудайга табына турган жерге, ийбадатканага келишкен. Ошол жакка кезектеги жолу бара турган убакыт келип калды. Ошентип, Анна маанилүү нерсени тандашы керек болчу. Ал ийбадатканага барып, Кудайга сыйынышы керек болчу. Ал өзү эмнеге түйшөлүп жаткандыгы тууралуу Кудайга айтып бере алат болчу. Ал ошондой эле, Кудай анын сыйынуусун угуп жана ага жооп берерине ишенсе болот болчу. Же болбосо, үйдө калып эле кайгырып-кейип отура берсе болмок. Ал ушунча жылдан бери узак убакыт бою Кудайга сыйынып жүргөндүгүнө карабай, али да баласы жок болчу. Эмнеге, мүмкүн Кудай анын сыйынуусун укпай жатабы? Анна эмне кылды? Ал кайрадан эле күйөөсү менен биргеликте Кудайга табыныш үчүн белгиленип коюлган жерге жөнөдү. Ал ийбадатканага кирип алып, сыйына баштады. Ал Кудайга өзүндөгү чоң кайгы тууралуу айтып жана Ага башка аялдар балдары тууралуу сүйлөшүп баштаганда өзүн ушунчалык бир жалгызсыраган абалда сезээрин айтты. Ал өз күйөөсү жана өз үйү тууралуу Кудайга ыраазачылык билдирди. Бирок, ал Кудайга бала берчи деп суранды. Анан дагы Анна Кудайга убада берди. Эгерде ал уулдуу боло турган болсо, аны өмүрү өткөнчө Теңирге бере тургандыгын убада кылды. Ошентип, анын уулу кичине чоңойору менен эле, ал аны ийбадатканага алып келет. Ошол күнү ийбадатканада Эйли кызмат кылып жаткан эле. Ал Анна келип ыйлап, сыйынып жаткан жерден алыс эмес жерде отургандыктан бүт баарын укту. Ал Аннага Кудай анын сыйынууларына жооп берет деп айтты. Аял кайгырууну токтотуп, үйүнө бактылуу болуп кайтты. Ал али балалуу боло элек болчу. Ал Кудайга сыйынып көңүлүндө болгондун баарын төгүп алгандыгына, анын жүрөгүндөгү кайгынын кеткендиги үчүн бактылуу эле. Бир жыл өтпөй Анна эркек балалуу болду! Кудай анын сыйынууларын укту! Анна өз уулун абдан сүйгөн жана ага Шемуел деген ысым берген. Ал баласынын колдорунун жана буттарынын манжаларынан өпкүлөп эркелетет. Ал баланы бапестеп уктатып жана жуундуруп, тоюндурат. Шемуел өсүп, ийбадатканада кызмат кылуу үчүн жетишерлик эле чоңоюп калды. Ошондуктан Анна күйөөсү экөө баланы Кудайга кызмат кылууга жардам берсин деп Эйлиге алып келишти. Шемуел жакшы жардамчы болду. Анна жыл сайын уулуна келгенде ага жаңы кийимдерди алып келчү. Ага ушундай керемет баланы бергендиги үчүн Кудайга ыраазычылык билдирүүдөн тажачу эмес. Анна болочоктогу баласы үчүн тынымсыз сыйынгандыгына ыраазы болду. Анна анын сыйынууларына Кудай сөзсүз жооп берерине ишенгендиги үчүн Кудай кубанды. Кичинекей Шемуел үчүн Кудай кам көрдү. Бала чоңоюп, Анна убада бергендей бүткүл өмүрүн Кудайга кызмат кылууга арнады. Эстеп көрөбүз Анна эмне үчүн кайгырган? Ал сыйынуу үчүн кайда барган? Анна туура нерсени тандады беле же жокпу? Ал Аннанын сыйынууларына кантип жооп берди? Шемуел Кудайга кантип кызмат кылган? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Сен сыйынууларыңда Кудайдан эмнелер жөнүндө сурайсың? Ал дайыма эле сыйынууларыңа жооп берип жана сен каалагандын баарын жибереби? Кудай кээде сени күтүүгө мажбурлап же сенин суроолоруңа жооп берүүдөн баш тартабы? Сенин сыйынууларыңа Анын жообу ушундай болуп калышы да мүмкүн экендигин эсиңе ал. Туура тандаганды үйрөн Бир жума бою уктаарга жатаар алдында өз досторуңдун жана туугандарыңдын арасынан күн сайын сыйынып тура турган бир нечесин тандап ал. Алар эмнеге муктаж болуп жатса, ошону аларга бере көр деп Кудайдан суран. Керектүү болгон жоопту Кудай өз убагында берерине ишен! Сыйынуу — бул дайыма туура! Сыйынабыз Теңир, бизге өз сезимдерибиз жана каалоолорубуз тууралуу Сага айтып бергенге мүмкүнчүлүк берип жатканың үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сен дайыма бизди угуп жана биз жөнүндө кам көргөнүң үчүн ыраазыбыз. Сен качан жана кантип биздин сыйынууларыбызга жооп бергенди билгендигиң үчүн ыраазыбыз. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Алп жоокер Биринчи Шемуел китеби 17 ДӨӨТ КАЙРАТТУУ АДАМ БОЛГОНБУ? ЖЕ АЛ ГОЛИЙАТТАН КОРККОНБУ? — Дөөт! Дөөт! — деп алыстан кимдир-бирөөнүн үнү чакырып жатты. Дөөт өрөөндө өргүп жаткан койлордун арасында отургандыктан, аны чакырып жатышкандыгын уккан да жок. Жаш койчу гуслиде ойноп жана Кудайдын тынчтыгын ырдап жатты. Дөөт анын короосуна кол салган арстанды кантип кууп жибергендигин эстеди. Өзүнүн анчалык чоң эмес баштыгындагы бир нече таш менен эле мээлеп атып туруп, ал арстанды кубалап жиберген. Жанакы үн дагы да катуураак чыкты: — Дөөт, үйгө бар! Гуслинин үнү акырындап калды. Дөөт атасы күтүп турган үйгө карай тездик менен жөнөдү. — Сен агаларыңдын алдына барышыңды каалап жатам , — деди ага атасы. — Алар чоң аскерлердин катарында башка жоокерлер менен биргеликте салгылашып жатышат. Мен аларда баары жайында бекен, ошону билгим келет, — деди. — Анан да аларга нан, сыр, дагы башка азык — түлүктөрдү алып барып беришиң керек. Мына ошентип, Дөөт гуслисин жана баштыгын алып алып, улуу агаларын издегенге кетти. Ал атасынын тапшырмасын аткарышы керек болчу. Башка жоокерлердин арасынан агаларын издеп жүргөн убакта Дөөт жоокерлердин күжүрмөн руху түшүп калганын байкады. Анын ушунчалык күжүрмөн, кайраттуу сезилген агалары да, кандайдыр бир нерседен абдан коркуп калгандай түрлөрү бар. Алар Дөөткө душмандардын аскеринин ичинде эч ким каршы чыгууга даай албай турган бир аскер-жоокер бар экендигин айтып беришти. Ал жоокердин аты Голийат жана ал чыныгы гигант, жөн эле алп-дөө. Голийаттын бүт бардык жагы адаттагыдан өзгөчө чоң. Колдору да, далылары да чоң. Анын үстүнө бою да чоң! Ошентип, Дөөт туура нерсени тандоого чечим кылыш керек болчу. Ал эгерде Голийат менен салгылашып кала турган болсо, Кудай Өзү ал тарапта болооруна ишениши керек болчу. Же болбосо, ал үйгө кайтып кетип калышы керек болчу. Чын-чынына келгенде Голийат көрүнүшү үрөй учургандай эле бар болчу. Мына ошентип, Дөөт эмне кылды. Ал алгач Голийат менен согушаары тууралуу жоокерлерге айтты жана андан кийин падышага кайрылды: — Мени арстандан сактап калган Кудай, бул Голийаттан да сактап калат, — деди. Шабул падыша күмөн санап турду: — Согушуу үчүн сен өтө эле жашсың, — деди. Бирок, падышага Дөөттүн кандай кайраттуу, эр жүрөк экендиги тууралуу айтышканда, ал балага батасын берип: — Барагой, ылайым Теңир сени менен болсун, — деди. Падыша Дөөткө жезден жасалган туулганы кийип алууну сунуштады, бирок Дөөт аны кийүүдөн баш тартты. Дөөт кылыч да алган жок, анткени аны колдонуп көргөн эмес. Жаш жоокер падышага: — Мен өз кийимим менен эле калам жана өзүм менен салмоорумду алып алайын, — деди. Голийат өз каршылашын көргөндө ушунчалык шылдыңдап күлдү, күлүп атып тиги жаш койчу кантип ташты салмоорго салып алганын да байкабай калды. Дөө жоокер жаш баланын салмоорду башынан өйдө тегеретип жатканына маани деле берген жок. Салмоордон ыргып келген таш түп-түз эле маңдайына-башына тийип, жыгылып калмайынча Голийат эмне болуп жатканына түшүнгөн деле жок. Дөөттүн агалары жана башка жоокерлер жеңилген Голийатты көрүшкөндөн кийин аларда мурда болгон күжүрмөн рух кайрадан ойгонду. Эгерде Дөөт Голийатты жеңе алган болсо, анда алар эми кандай душман туш келсе да, жеңе алышат. Ошол күнү падыша Шабулдун аскери жеңишке жетишти. Дөөткө ура! Дөөттүн кайраттуулугу Кудайга жакты. Дөөт да Кудайдын жардамына карата болгон үмүтүн жоготпогонуна кубанды. Эстеп көрөбүз Жоокерлер эмнеден үрөйлөрү учушкан? Дөөт эмне үчүн Голийатты жеңерине ишенимдүү болгон? Дөөт туура нерсени тандады беле же жокпу? Голийатка эмне болду? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Сенин үй-бүлө мүчөлөрүң мектептеги, короодогу, поезддин вагондорундагы бейбаштарга кандай сес көрсөтө алышат. Дөөттүн өз салмоорун колдонушу Кудайдын оюнда бар болчу, бирок Ал биз үчүн таптакыр башка нерсени караштырышы мүмкүн. Сага мүмкүн, бейбаштык кылып жаткан адамды жөн гана тыйып коюшуң керектир же ага чоңдордун көңүл буруп кийлигишүүсүнө шарт түзөрсүң же андай каардуу адамга карата жөн гана сыйынып коеттурсуң. Туура тандаганды үйрөн Китепканадан айбанаттар (мисалы элик, жапайы айбанаттар, скунс же териси баалуу айбанаттар) өз душмандарынан кантип коргоноору тууралуу жазылган китепти тап. Кудай аларды өздөрүн коргой ала турган кылып жараткан. Анан албетте Кудай биз үчүн дагы кам көрөт да. Бизди Кудай сактайт деп кайраттуу болуп, ишене алабыз. Сыйынабыз Теңир, бизге Сага таянышыбызга жана кайраттуу болушубузга жардам бер. Биз канткенде зыянга учурабай калганга бизди үйрөтөрүңө ишенебиз. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Түбөлүктүү достор Биринчи Шемуел китеби 18:1–4; 20 ЖОНАТАН ДӨӨТТҮН ЧЫНЫГЫ ДОСУ БОЛГОН БЕЛЕ? ЖЕ АЛ ДӨӨТКӨ ЖАРДАМ БЕРБЕЙ КОЙГОНБУ? Жонатан менен Дөөт таптакыр эки башка адамдар болушкан. Дөөт койчу болгон, ал эми Жонатан болсо падышанын уулу болгон. Койчу жакыр болгон болсо, падышанын уулу абдан бай болгон. Бирөөсү салмоорду жакшы пайдалана алган болсо, экинчиси жааны жакшы аткан. Бирок, кандайдыр бир мүнөздө Дөөт менен Жонатан абдан кыйышпаган ынак достордон болуп калышкан. Бир жолу Жонатандын атасы Шабул падыша Дөөткө ушунчалык ачуулангандыктан, падышанын каарынан качып кетүүгө Дөөт аргасыз болгон. Жонатан менен Дөөт мынчалык кайрымсыз мамиленин себеби эмнеде экендигин билишкен жок. Анткени, Дөөт эч кандай жамандык кылган эмес болчу. Жонатан өз досу үчүн абдан тынчсызданып, атасы ага жамандык кылышын каалаган жок. Ошентип, Жонатан туура нерсени тандаганга чечим кылышы керек болчу. Ал атасынын эмне себептен Дөөткө ушунчалык ачууланып жаткандыгынын себебин билип туруп, анан досун кантип куткаруунун жолун ойлонсо да болот болчу. Же болбосо, атасына Дөөттүн кайсы жерде жашынып жатканын айтып коюп, өзүнүн койчу менен дос болгонун биротоло унутуп койсо да болот болчу. Ошентип, Жонатан эмне кылды? Ал Дөөттү кантип куткаруунун планын түздү. — Мен атам менен сүйлөшкөнүмчө, — деп айтты ал өз досуна, — талаадагы чоң таштын артына өтүп жашына тур. Атам менен сүйлөшүп бүткөндөн кийин мен жааны үч жолу атам да, кызматчы баланы жебелерди жыйнап кел деп жиберем. Эгерде ошол жебелерди жыйнап мага алып келип бер дей турган болсом, анда сага эч кандай коркунуч туулбай эле тургандыгын билдирет жана менин атам сага жамандык кылбайт. Бирок, мен кызматчы балага жыйналган жебелерди шаарга алып бар дей турган болсом, анда сага коркунуч туулуп жатат жана качып жашырынып кутул дегенди билдирет, — деди. Атасы менен сүйлөшкөндөн кийин Жонатан Дөөт досунун падышанын көзүнө көрүнүшүнүн кереги жок экендигин түшүндү. Ошондуктан, ал талаага чыкты да жааны биринин артынан экинчисин атып, үч жолу жебелерди тындырбай тартты. Анан өз кызматчысына: — Эртерээк чурка! Токтобо! – деди. Бала жебелерди жыйнап алып, шаарга карай жөнөдү. Дөөт болсо, Жонатан менен коштошуу үчүн өзү жашырынып турган чоң таштын артынан чыкты. Экөөнүн тең жүрөктөрү кайгы-муңга толду. Бирок, алар эмне болуп кеткендигине карабастан, дайыма дос болуп кала берүү жөнүндө бири-бирине сөз беришти жана алар өз сөздөрүн аткарышты! Жонатан менен Дөөт жакшы достордон болуп калышкандыгы үчүн Кудай ыраазы болду. Каары кайнаган падыша Дөөттү аңдып издеп жүргөн учурларда Кудай ал үчүн кам көрдү. Эстеп көрөбүз Дөөттүн досу ким болгон? Шабул падыша Дөөткө кандай мамиле жасаган? Өзүнүн досун куткаруу үчүн Жонатан эмнени ойлоп чыкты эле? Жонатан туура нерсени тандады беле же жокпу? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Өзүңдүн досторуңдун баарынын атын атап чык. Силер биргеликте эмнелерди кылгыңар келет? Силер бири-бириңерге окшошсуңарбы же жокпу? Силер бири-бириңерге кандайча жардам бересиңер? Туура тандаганды үйрөн Кагаздан адамдын сүрөтүн тарткын да, анын келбетине чыныгы достордо бар нерселер жазылып коюла турган жардыкты желим менен жармаштыр. Мисалы, жардыкта жазыла турган нерселер: жардам бере ала турган колдор; сүйө ал турган жүрөк; жакшы сөздөрдү айтууга жөндөмдүү болгон эриндер; ж.б. болсун. Кудай бизге досторду берет жана биздин аларга жакшылык кылышыбызды каалайт. Сыйынабыз Теңир, биздин бардык досторубузду сакта жана биз аларга кантип жакшылык кылып, пайда алып келе ала турганыбызды көргөзүп бер. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Ал тургай, падышалар да каталыктарды кетиришет Экинчи Шемуел китеби 11–12:10; Забур 50 ДӨӨТ ПАДЫШЫ ӨЗҮНҮН ТУУРА ЭМЕС ИШ КЫЛЫП КОЙГОНДУГУНА ӨКҮНДҮ БЕЛЕ? ЖЕ АЛ ЭЧ КАНДАЙ ОСОЛ ИШ КЫЛГАН ЖОКМУН ДЕП ЭСЕПТЕДИ БЕЛЕ? Көп жылдар бою Дөөт Шабул падышадан жашырынып жүргөн. Бирок, Шабул өлдү. Дөөт падыша болуп калды! Ал жакшы, кең пейил падыша болуп, туура иштерди кылгысы келген. Ал көп учурда Кудай менен сүйлөшүп, эли үчүн колунан келген нерселерди кылгысы келген. Эл да өз падышасын жакшы көрүп сүйүшкөн. Бирок бир жолу Дөөт туура деп табууга болбой турган бир нерсени кылып койгон. Ал өзүнүн жоокерлеринин биринин аялы абдан татынакай экендигин көрөт. Дөөт ал сулууну ушунчалык катуу сүйүп калгандыктан, жоокерин өлтүртүп, анын жесирине өзү үйлөнүп алат. Кудай Дөөткө абдан нараазы болгон, бирок антсе да, аны сүйгөн. Ошондуктан, Кудай падыша өзү кылган туура эмес иштерин көрсүн үчүн Натан деген адамга анын көзүн ачууга буйрук берет. Натан бир окуяны айтып берүү үчүн Дөөткө келет. Кудайдын ою боюнча бул окуя Дөөттүн кандай гана туура эмес нерсени кылып койгондугун моюнга алып, түшүнүшү үчүн жардам бермек. — Жакыр адамдын, — деп сөзүн баштады Натан, — жалгыз гана бир козусу болгон экен. Ал эми, бай адамдын көптөгөн койлору жана кочкорлору бар экен. Бирок, бай адам жакырдын жападан жалгыз болгон кенчин да тартып алыптыр. Муну уккан Дөөт абдан нараазы болуп, бай адамды токтоосуз жазалоону каалады. — Ал жакыр адамга коюн төлөп бериши керек! — деп кыйкырды падыша. Ошондо Натан мындай деп айтты: — Ошол адам сенсиң, Дөөт. Кудай сага ушунчалык көптү берди, бирок сен башка адамдын аялын тартып алып жана ага өзүң үйлөнүп алдың. Ошентип, Дөөт эң маанилүү нерсени тандашы керек болчу. Ал өзүнүн абдан укмуштуудай туура эмес иш кылып койгонун моюнга алышы керек болчу жана бул үчүн катуу өкүнүшү керек эле. Же болбосо, ал анткорлонуп, эч кандай жаман иш кылган жокмун деп кетиши керек эле. Анан Дөөт эмне деди. Эң алгач ал нааразыланганын койду. Ал өзүнүн жаман иш кылгандыгы үчүн абдан уялып калды. Ал Кудайга каршы күнөө кылганын түшүндү. Ошондуктан, падыша сыйына баштады. Ал өзүнүн кетирген катачылыгы үчүн өкүндү жана Кудайдан кечиришин сурап сыйынды. Анан Кудай Дөөттү кечирди! Падыша туура эмес иш кылып койгондугу үчүн Кудай абдан нараазы болду. Ошентсе да, Дөөт Натанды угуп калгандыгы үчүн Ал ыраазы болду. Дөөт өзүнүн кетирген күнөөсүн өкүнүү менен моюнга алды жана кайрадан кең пейил, жакшы падыша боло баштады. Эстеп көрөбүз Дөөттүн кайсы иши Кудайдын көңүлүн ооруткан? Кудай Натанга эмне кылууну буюрду? Натан айтып берген окуя Дөөткө кандайча жардам берди? Дөөт туура нерсени тандадыбы же жокпу? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Кээде сен өзүңдүн туура эмес иштериңди жашырып жаткандай болосуңбу? Бирок, Кудайдан бирдеме жашырууга болобу? Сен өзүңдүн туура эмес кылып койгондугуңду канчалык Кудайдын алдында эртерээк мойнуңа ала турган болсоң, Ал сени ошончолук тез кечирет! Туура тандаганды үйрөн Сен кандайдыр бир туура эмес иш кылып койгонуңдан кийин сезимдериңди билдирген жана Кудайдын да сезимдерин билдиргендей кылып кагаздын барагын боегун. Ал эми, экинчи баракты сен Кудайдын алдында өзүңдүн кетирген катачылыгыңды моюнга алгандан кийинки абалыңды билдиргендей кылып боегун. Эгерде биз өзүбүздүн туура эмес, осол иштерибиз тууралуу өкүнө турган болсок, Кудай бизди кечирет. Сыйынабыз Теңир, биздин ар бирибиз — наристеден падышага чейин кээде туура эмес иштерди кылып, каталыктарды кетиребиз. Бүгүн Сен мени ___________ үчүн кечиришиңди суранам. Сага ыраазымын! Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Бардык белектердин ичинен эң мыктысы Биринчи Падышалар китеби 3 СУЛАЙМАН КУДАЙДАН АКЫЛМАНДЫК СУРАДЫ БЕЛЕ? ЖЕ АЛ БИР ТОП АЗЫРААК БААЛАНГАН БЕЛЕКТИ СУРАДЫ БЕЛЕ? Дөөттүн Сулайман аттуу баласы бар эле. Анан ошол Сулайман падыша боло турган күн келди. Жаңы падыша Кудайды сүйүп жана Ага табынган. Бир жолу уктап жатканда Сулаймандын түшүнө Кудай кирип минтип айтат: “Менден эмнени кааласаң, ошону сура, Мен сага сураганыңдын баарын берем.” Мүмкүн, Сулайман башында бай болгон жакшы деп ойлоп кеткендир. Ал эмне кааласа ошонун баарына ээ болот. Көп акча болгон чынында кандай жакшы ээ. Анан Сулайман акылдуу болгон эле жакшы деп ойлонуп калгандыр. Жөн эле акылдын ээси болуп койбостон, көптү билген, даанышман адам болуп, туура нерсени тандаган адам болгусу келгендир. Ушундай жөндөмдүүлүккө ээ болуу менен адамдарга жардам берип жана Кудайга жакса болот. Ошентип, Сулайман туура нерсени тандаганга чечим чыгарышы керек болчу. Ал Кудайдан акылмандык сурап жана Ага жагып, ошондой эле адамдарга жардам бере алмак. Же болбосо, ал байлыкты тандап, баарына ээ болуп калса да болмок. Сулайман эмне кылды? Ал Кудайга: — Сен мени көптөгөн адамдардын үстүнөн падыша кылып койдуң. бирок мен аларга кантип жардам берерди билбейм. Мага эмне туура жана эмне туура эмес экендигин көрсөтүп бер. Мунун баарын мага Сен гана ачып бере аласың. Кудайга Андан байлыкты сурабай, акылмандыкты сураган Сулаймандын тандоосу жакты. Анан Ал падышага: “Мен сага акылмандыкты берем,” — деди. Анан мындай деп кошумчалады: “Андан тышкары Мен сага байлыкты да берем” – деди. Сулайман кандай гана жакшы нерсени тандаган! Эстеп көрөбүз Кудай Сулайманга эмнени сунуштады? Сулайман Кудайдан эмнени сурады? Падыша туура чечимди тандай алды беле же тандай алган жок беле? Кудай Сулайманга эмнени берди? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Сага Кудай кандай жөндөмдүүлүктөрдү бергендиги тууралуу эстеп көр. Мүмкүн, сен тез чуркайттырсың? Мүмкүн, жакшы ырдайттырсың, мүмкүн, жакшы сүрөт тартаттырсың, же мүмкүн, ар кандай жаңы нерсени өздөштүрүп алганга ийкемдүүсүң. Башка адамдарга жардам бериш үчүн ушул жөндөмдүүлүктөрүңдү кантип пайдаланат элең? Туура тандаганды үйрөн Эгерде ушул жуманын ичинде сен кандайдыр бир көйгөйлөргө туш келип кала турган болсоң, анда Кудайдан Ал сага туура чечим чыгарууга жардам беришин суран. Жуманын аягында Кудайдын жардамы менен кандай чечим чыгаргандыгың жөнүндө ата-энеңе айтып бер. Кудай акылдуу жана Ал биздин акылдуу болушубузга жардам берет. Сыйынабыз Теңир, бизге Сулайман падышадай акылдуу болууга жардам берчи. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Бир ууч ун Биринчи Падышалар китеби 17:7–16 АЯЛ ИЛИЯСКА НАНЫН БӨЛҮШТҮБҮ? ЖЕ АЛ НАНДЫ ӨЗҮНӨ КАЛТЫРЫП КОЙДУБУ? Күндүн аптабы түп-түз эле Илиястын башына тийип жатты, ал ачкалыктан жана ысыктан кыйналып кетти. Канчадан бери жерге жаан жаай элек болчу. Жаан жаабагандыктан, булактар да соолуп калды. Жаан жаабагандыктан буудай да өспөй калды. Жаан болбогондуктан зайтун да бышпай, демек, май да жок болуп калды. Кудай Илиясты алыскы бир шаарга жиберип туруп, ал жактан бир аял анын курсагын тойгуза аларын айткан. Ошентип, Илияс ал шаарга жөнөп калды. Бара жаткан жолунда ал кургап калган бутактарды жыйнап жүргөн аялды жолуктурду. Ал андан: — Сен мага кичине нан менен суу алып келип бере албайсыңбы? — деп сурады. Бирок аял минтип жооп берди: — Менин үйүмдө бир ууч ун жана бир аз май гана калды. Ал мен жана менин уулум үчүн бир жолу гана камыр жууруп, нан кылганга жетет. — Коркпо, мен үчүн нан бышыра бер, Кудай мага жаан жаамайынча сенин унуң да, майың да түгөнбөйт деп айтты, — деди ал. Ошентип, аял абдан маанилүү чечимди тандап алышы керек болчу. Ал Илияс үчүн нан бышырса да болот болчу, анын баласын жана өзүн Кудай тамаксыз калтырбайт деп ишенсе болот болчу. Же болбосо, ал Илиясты кууп жиберип, анан акыркы ундан уулу экөөнө нан бышырса болот болчу. Анан аял эмне кылды? Ал болгон ундан нан бышырды да, Илияска берди. Ал нандын бүт баарын жеди да, аялга дагы уулу үчүн жана өзү үчүн нан бышыр деп айтты. Убада кылынгандай анын нан бышыруу үчүн уну да, майы да болду. Күн сайын аял үч адам үчүн нан бышырып жүрдү. Бирок анын уну менен майы кемиген жок. Жаан жааганга чейин Кудай анын уну менен майынын түгөнүп калышына жол берген жок. Андан кийин буудай баш алып, зайтун бышып, ачарчылык болбой калды. Кудай аялдын Илияска өз нанынан бөлүшкөндүгүнө, Анын аял үчүн да, анын уулу үчүн да, Илияс үчүн да кам көрөрүнө ишенгенине ыраазы болду. Эстеп көрөбүз Эмне үчүн Илияс ачка болду? Ага Кудай эмне деп буйрук берди эле? Нандан бөлүшсөмбү деп күмөнсүп турган аялга Илияс эмне деп айтты эле? Аял туура нерсени тандады беле же туура эмес кылды беле? Кудай Илияс жөнүндө, аял жөнүндө жана анын уулу жөнүндө кантип кам көрдү? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Силердин үйүңөрдө бирдеме (унбу, майбы, акчабы же ж.б.) түгөнүп калып, муктаж болгон нерсеңерди Кудай толтуруп берген учур болду беле? Сен кандай ойлойсуң, сенин башкалар менен бирдемеңди бөлүшкөнүң Кудайга жагабы, мисалы: тамак-аш, кийим-кечек, китеп, оюнчуктар? Туура тандаганды үйрөн Өз жыйыныңдан же жергиликтүү кайрымдуулук уюмдарынан эмнең менен бөлүшсөң болорлугу тууралуу билип алсаң болот? Же болбосо, сени менен бирдемесин бөлүшкөн адамга ыраазычылыгыңды билдир. Биз өзүбүздө болгон нерселерди башкалар менен бөлүшкөнүбүздө Кудайга жагат. Сыйынабыз Теңир, бизге Сен берген нерселерди башкалар менен бөлүшкөнгө жардам бер. Бизге зарыл болгон нерселерди дайыма бизге жиберип турганың үчүн Кудайга ыраазыбыз. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Бир күндүн ичиндеги жети жолу чөмүлүү Экинчи Падышалар китеби 5 КИЧИНЕКЕЙ КЫЗ НААМАНГА ЖАРДАМ БЕРЕ АЛДЫ БЕЛЕ? ЖЕ АНЫ КИМ АЙЫКТЫРА АЛАРЫ ТУУРАЛУУ АЛ КЫЗ АЙТПАЙ КОЙДУ БЕЛЕ? Нааман улуу жол башчы болгон. Анын чынчыл жүрүм-туруму жана кайраттуулугу үчүн баары аны урматташчу. Бирок, ошол кайраттуу жоокердин оор, айыккыс жарааты бар болчу. Наамандын бүт денесин жаралар жана ириңдүү жаралар басып турган эле, ал жаралар анын жанын оорутуп жана денесинин кебетесин кетирип турар эле. Нааман ага кимдир-бирөө жардам берип коюшун ушунчалык каалар эле. Наамандын үйүндө кол башчынын аялынын кызматын кылган кичинекей кыз боло турган. Ал Кудайдын эли жашаган өлкөдө туулган эле. Кыз Кудайды абдан сүйгөн жана Кудайды сүйгөн адамдарды да билген. Ошондой адамдардын бири Кудайдын пайгамбары Элиша болгон. Нааман менен аялы өздөрүнүн кызматчы кызына абдан кең пейилдик менен жакшы мамиле кылышкан. Андыктан, кызматчы кыз Наамандын оорусу тууралуу укканда аябай кайгырган. Ал Элиша пайгамбарды эстеди жана Элиша анын кожоюнуна кандайча жардам бергенди билет деп ойлоду. Бир жолу Наамандын аялы кичинекей кызматчы кызды өзүнө чакырып алды. Кызматчы кыз өзүнүн мырзайымынын эмнени каалап жаткандыгын билиш үчүн келди. Ошентип, кыз эң бир маанилүү нерсени тандоого чечим кабыл алышы керек болчу. Ал Элишанын Кудайды сүйөрлүгү жана адамдарга жардам берерлиги тууралуу Наамандын аялына айтса да болмок. Же болбосо, ал пайгамбар тууралуу айтпай эле койсо да болмок. Анткени, ал акыры болгону бир кичинекей кыз эмеспи, болгондо да ал башка өлкөдөн. Ушундай Нааман сыяктуу маанилүү адамдын кызматчысы өзүнүн кожоюнуна ушунчалык жардам берерин эч ким ойлогон да эмес. Мына ошентип, кыз эмне кылды. Ал Наамандын аялына мындай деп айтты: — Мен Кудайды сүйгөн бир адамды билем. Анын аты Элиша. Сиздин күйөөңүз аны менен жолукса болот. Мен ишенем, Элиша менин мырзамды айыктырарын билем. Нааман аны айыктыра турган адам тууралуу укканда кандай гана бактылуу болду! Ал жана анын жардамчылары эң бир тез чуркаган аттарды арабага чегишти. Ошентип, аттар аларды Элиша жашаган жакка алып учуп жөнөштү. Пайгамбар Нааманга минтип айтты: — Сен Иордан дарыясына жети жолу чумкуп чыгышың керек. Ошондо гана сенин жараларың жок болот. Бул кеңеш Наамандын көңүлүн чөгөрдү. Ал өз денесин бир нече жолу жууп көргөн жана эч кандай жакшы жагына өзгөрүүнү көргөн эмес. Ошентсе да, кол башчынын жардамчылары ага минтип айтышты: — Эгерде Элиша сага айыгышың үчүн кандайдыр бир оор, кыйын нерсени кыл деп айтса, анын кеңешин кубанып гана кылмаксың да, туурабы. Ал эми, Иордан дарыясына жети жолу чумкуп коюу эмнеге турат эле? Мүмкүн, чынында эле ошондой кылуу жардам береттир? Анан Нааман дарыяга түшүп бир жолу чөмүлдү. Эч нерсе өзгөргөн деле жок. Ал экинчи жолу дагы чөмүлдү. Эч кандай өзгөрүлүү болгон жок. Ал өз денесин үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы жолу жууду. Денесиндеги жара эч кандай азайган жок. Ошондо ал жетинчи жолу дарыяга чөмүлдү. Анан ал өзүнүн колуна карады да, бир да жара таппады. Бутунда да, далысында да, башында да эч жеринде жара калбаптыр. Нааман айыкты! Кудай кичинекей кыздын Элиша тууралуу өз мырзайымына айтып бергенине абдан кубанды. Кол башчы да абдан кубанды жана пайгамбарга абдан ыраазычылык билдирди. Кичинекей кыздын ага кылган жакшылыгы үчүн Нааман Кудайды сүйүп калды. Эстеп көрөбүз Кыз Нааманды айыктырууга жөндөмдүү болгон кайсы киши тууралуу билет болчу? Кыз туура нерсени тандады беле же жокпу? Элиша Нааманга эмне деп кеңеш берди эле? Кичинекей кыздын айынан кандай жакшы нерселер ишке ашты эле? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Өзүңдүн жаш курагыңа карабастан, сен да адамдардын Машайак тууралуу билишине жардам бере аласың. Сен аларга Кудай Уулу Ыйсаны кандай сүйөөрүң тууралуу айтып берсең болот. Сен аларга өзүңдүн Ыйык Жазуудагы тарыхый сүрөттөрү бар китептериңди көргөзсөң болот, ыр ырдап берсең болот, жекшембилик мектепте үйрөнгөн ырларыңдан же Ыйык Китептен өзүң жактырган ыр саптарынан айтып берсең болот. Сен ошондой эле аларга сыйынып берсең болот. Ушул жума ичинде кайсы адамдарга алардын Кудай тууралуу билиши үчүн жардам бере аласың, ошолордун атын ата. Туура тандаганды үйрөн Ушул жуманын ичинде жогоруда келтирилген кайсы бир ыкмаларды колдонуп, кимдир-бирөөлөргө Машайак тууралуу айтып берүүгө аракеттен. Кудайдын балдары Ал тууралуу башка адамдарга айтып беришкен кезде Кудай ыраазы болот. Сыйынабыз Теңир, бизге кимге, кантип Сен тууралуу билүүгө жардам бере алаарыбызды көргөзүп бер. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. «Ошентип, уккула!» Экинчи Падышалар китеби 22–23 ЖОШИЯ КУДАЙДЫН МЫЙЗАМЫН ӨЗ ЭЛИНЕ ОКУП БЕРДИ БЕЛЕ ЖЕ ЖОКПУ? ЖЕ БОЛБОСО АЛ БУЛ МЫЙЗАМДЫН АНЧАЛЫК ДЕЛЕ МААНИСИ ЖОК ДЕП ОЙЛОДУ БЕЛЕ? Жошия сегиз жашка чыккан кезинде ага адаттан тышкары иш менен алектенгенге туура келди. Ал падыша болуп калды! Жаш бала жакшы падыша болуп жана каталыктарды кетиргиси келбеди. Ал өзүнө туура деп сезилген нерсени эмес, Кудай туура деп эсептеген нерселерди гана кылгысы келди. Ал өмүр бою ошондой кылууга аракеттенди. Ал жигиттик куракка жеткенде ийбадатканага эмнелер керектигин байкады. Анан ийбадатканага тиешеси жок эмнелерди ал жактан алып салыш керектигин да караштырды. Ошондуктан, ал ийбадатканадан артыкбаш нерселерди чыгарып жана аны оңдоо үчүн жумушчуларды чогултту. Оңдоп-түзөө болуп жаткан учурда жумушчулар түтүккө окшоштурулуп түрүлгөн бир нече эски “китептерди” — түрмөктөрдү таап алышты. Алар көптөгөн жылдар бою ийбадатканада жатканы менен, алардын бар экендиги тууралуу эч ким билген да эмес. Түрмөктөр оролгон кагазды эске салып турган жана аларда мурдагы — мурдагы убактардагы Кудайдын Мусага берген парыздары жазылган эле. Жошиянын жардамчыларынын бири түрмөктөрдү падышанын сарайына алып келди жана алардын бир нечесин үнүн бийик чыгарып, падышага окуп берди. Ошентип, Жошия туура нерсени тандашы керек болучу. Ал Кудайдын парыздарын кантип сакташты билиши үчүн бардык түрмөктөрдү аягына чейин окушу керек болучу. Андан кийин бардык элдерди чогултуп туруп жана аларга Кудайдын парыздарын кантип сакташты окуп берип, андан кийин гана баарын аларды кантип сактаганга үйрөтүшү керек болчу. Же болбосо, Жошия өз жардамчысына Кудайдын мыйзамдарын анчалык маанилүү деп эсептебейм, түрмөктөрдү алып кет деп айтса да болот болчу. Падыша эмнени тандады? Элди ийбадатканага чакырып алып, бийик түркүктүн алдына туруп алып жана түрмөктөрдү үнүн чыгарып окуй баштады. Жошияны угуп турган эл Кудайдын мыйзамдары, Анын сүйүүсү жана убадалары тууралуу билип калышты. Ошол эле жерде, ийбадатканада падыша жана анын эли Кудайды сүйүүгө жана Анын парыздарын аткарууга убада беришти. Адамдар Кудайды сүйүүнү жана кайрадан Ага тил алчаак болууну каалагандыгы абдан жакшы болду. Эстеп көрөбүз Ийбадатканада эмнелер көптөгөн жылдардан бери жаткан болчу? Эмне үчүн Жошиянын көңүлү чөгүп калды? Ал туура нерсени тандады беле же жокпу? Кудайдын парыздарын угуп чыккандан кийин адамдар кандай убада беришти? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Сен библиялык окуяларды канчалык убакытта бир окуйсуң же угасың? Кудайдын Сөзүн укканда сен эмне кылгың келет? Туура тандаганды үйрөн Ушул Жазуудагы окуяда айтылган сыяктуу кылып түрмөк кагаз жасап көрсөң. Алгач бир нече барактарды бири-бирине бириктирип ал дагы жана аларга бир же бир нече Ыйык Китептеги ыр саптарды жазып чык. Андан кийин аларды түрмөк кылып ороп чык. Сен ошондой эле, түрмөккө өзүң айтып бере турган Жазуудагы сүйүктүү окуяңды жазып жана сүрөттөрүн тартсаң да болот. Анан ошол түрмөк кагазды өз үй-бүлөңө окуп бер. Кудайдын Сөзүн окуу бизге Кудайды кантип сүйүп жана Ага кантип тил алчаак болуш керектигин түшүнүүгө жардам берет. Сыйынабыз Теңир, биз Сага Ыйык Китеп үчүн жана Сенин Сөзүңдү окуп жана уга алаарыбыз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Биз Сени сүйөбүз. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Арстандардан ким коркот? Даниел пайгамбардын китеби 6 ДАНИЕЛ КУДАЙГА СЫЙЫНУУНУ УЛАНТА БЕРДИ БЕЛЕ? ЖЕ АЛ АГА СЫЙЫНГАНДЫ ТОКТОТУП КОЙДУ БЕЛЕ? Рр-р-р! Шаардын көчөлөрүндө арстандардын ырылдаганы угулуп турду. Ач арстандар кимди болсо да жара тартып жеп жибергенге даяр турушкан. Даниел жана анын достору да арстандардын ырылдашканын угуп жатышты. Алар шаарда арстандар үчүн казылган аң бар экендигин жана күнөөлүү деп табылган адамдар ошол аңга ыргытыларын билишчү. Баарынан көп, падышага каршы чыккандарды ошол жакка ыргытышчу. Даниел болсо падышанын эң жакшы досу жана анын эң маанилүү жардамчыларынын бири болгон. Анын үстүнө падыша өзүнүн бардык жакындарынын үстүнөн Даниелди башчы кылып коюуга камданып жаткан! Падышанын башка жардамчылары Даниелди жактырышкан эмес. Алар Даниел сыяктуу Кудайга ишенип жана Ага табынышкан да эмес. Алар ошондой эле, падышанын досу, анын эң бир маанилүү, негизги жардамчысы болуп калышын да каалашкан эмес. Ошондуктан, падышанын сарайында Даниелге каршы өз ара сүйлөшүп, жок кылууну ойлонуштурушкан. Падышанын башка жардамчылары келишип, аны жаңы мыйзамды кабыл алуунун зарылдыгына ишендиришкен. Алар өздөрүнүн өкүмдарына минтип айтышты: — Таксыр, биз бир улуу мыйзам ойлоп таптык. Ал мыйзамга ылайык бардык адамдар бир ай бою жалгыз сага гана сыйынуулары керек. Ушул мезгил аралыгында бардык адамдардын кандайдыр бир кудайга же кандайдыр бир башка адамга сыйынууларына тыюу салынат. Эгерде кимдир-бирөө ал мыйзамды буза турган болсо, анда аны арстандар турган аңга ыргытуу керек. Падыша мүмкүн бул жакшы мыйзам болсо керек деп ойлоду. Андыктан ал бул мыйзамды кабыл алууну ойлоду да, указга кол койду. Даниел падышанын жаңы мыйзамы тууралуу укту. Бирок мындай мыйзамды аткарууга мүмкүн эмес экендигин билди, анткени бир гана Кудайга сыйынуу керек. Анын үстүнө, көп жылдар мурун Кудай Өзү Муса аркылуу мыйзамдарды берген, аны албетте аткаруу керек. Эгерде мыйзам адамдарды Кудайдын парызын бузууга мажбурласа, анда ал жакшы мыйзам эмес экендигин Даниел билген. Ошентип, Даниел туура нерсени тандап алышы керек болчу. Ал дайыма эле сыйынып жүргөндөй, Кудайга сыйынса да болот болчу. Эгерде ошондой кыла турган болсо, анда аны түнү бою арстандар турган аңга ыргытып салуу-лары мүмкүн. Ач жырткычтар аны эмне кылаары тууралуу ойлоп коюунун өзү эле канчалык коркунучтуу эле! Же ал падышанын буйругуна баш ийиши керек болчу. Андай болгон учурда Кудайга сыйынбай эле, падышага табынып калмак. А мүмкүн, падышага сыйынымыш болуп эле анткорлонуп, анан Кудайга жашыруун гана сыйына бериш керек беле? Даниел эмне кылды? Ал күн сайын Кудайга сыйына берди, ал туура иш кылып жатты. Ал күн сайын бир жолу да эмес, ал тургай эки жолу да эмес, андан да көп сыйынып жатты. Ал бир күндүн ичинде үч жолудан сыйынып жатты! Анан да сыйынып жаткан кезинде ал жашырынып сыйынган жок. Ал кенен ачылган терезенин алдында эле сыйынып жатты. Андыктан, аны ар кандай эле адам көрө алат болчу. Албетте, падышанын башка жардамчылары Даниел кантип сыйынып жатканын көрүштү. Анан алар бул тууралуу падышага айтып барышты. Падыша абдан кейиди. Ал өзүнүн эң бир маанилүү жардамчысын арстандар жара тартып жеп кете турган абалга салгысы келген жок. Ал өз досун кантип куткарып кетүүнүн амалын ойлоп жатты. Бирок, өзү кол коюп буюрган буйрукту жокко чыгарууга мүмкүн эмес эле. Ошентип, падышанын жардамчылары Даниелди кармап алышып жана күн баткандан кийин аны арстандар турган орго ыргытып салышты. Падыша түнү бою кирпик көзүн каккан жок. Ар бир мүнөт сайын ал Даниел азыр эмне кылып жатты экен деп ойлонуп жатты. Эптеп таңды атырып, анан ал мүмкүн болушунча ылдам чуркап, арстандар турган аңдын жанына барды. Аңдын четине чейин чуркап келген падыша кыйкырып жиберди: — Даниел сенин Кудайың сени жаалданган арстандардан сактап, коргоп калдыбы? Падыша аңга үңүлө карады. Анан көзүн ушалап-ушалап алып, кайрадан ылдыйды көздөй карады. Ал жакта толтура жырткыч, бирок эч кандай зыян келтирбеген арстандардын жанында Даниел отурган эле! — Кудай периштесин жиберди, — деп жооп берди Даниел. — Ал жырткыч арстандардын оозун тосуп койду, андыктан алар мага эч кандай зыян келтиришкен жок. Кудай менин эч кандай жаман нерсе кылбаганымды билди, — деп айтты. Даниелдин тирүү экендигин көргөн падыша ушунчалык кубанды! Даниелдин Кудайдын парыздарын сактагандыгы үчүн жана туура иштерди кылгысы келгендиги үчүн Кудай да кубанды. Даниел туура иштерди кылды. Эстеп көрөбүз Падыша кандай жаңы мыйзамды кабыл алды эле? Эмне үчүн ал мыйзам жаман мыйзам болчу? Даниел туура нерсени тандадыбы же жокпу? Аңдын ичинде кандай жырткычтар бар эле? Кудай Даниел үчүн кандайча кам көрдү? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Сен Кудайга тез-тез кайрылып турасыңбы? Сен кыйналып жатып сыйынган кездериң болдубу? Же кээде сыйынууну унутуп койгон учурларың да болду беле? Сен бул тууралуу Кудайга эскертип, жардам берип коюусун суранып сыйынсаң болот. Туура тандаганды үйрөн Даниел сыйынды жана Кудай аны ач арстандардан куткарып калды. Сен сыйынган кезиңде (мисалы велосипед тээп баратып, артыңдан кууп алган кабанаак иттен качып баратканыңды элестет) Кудай кантип сени коргой ала тургандыгын элестетип көр. Биз сыйынган кезибизде, Кудайдын парыздарынын бирөөсүн аткарган болобуз — жана бул абдан жакшы! Сыйынабыз Теңир, бизге дайыма Сенин парыздарыңды аткарганга жана Сени дүйнөдөгү бардык нерселерден көбүрөөк сүйгөнгө жардам бер. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Киттин курсагындагы саякат Жунус пайгамбардын китеби 1–2 ЖУНУС КУДАЙДЫН ЖАРДАМЧЫСЫ БОЛГУСУ КЕЛДИ БЕЛЕ? ЖЕ АЛ МЫНДАН КАЧЫП КЕТҮҮГӨ АРАКЕТТЕНГЕНБИ? Бир жолу Кудай Жунуска: “Менде сен үчүн бир иш бар деп айтты. Менин каалоом – Сен Нинеби шаарынын тургундарына жардам беришиң. Алар көптөгөн каталыктарды кетирип жатышат. Мен алардын Мени сүйүп жана Мени угуштарын каалайт элем. Мен ошондой эле алар бири-бирине сүйүү менен мамиле кылууларын каалайм”, — деп айтты. Ошентип, Жунус туура нерсени тандап алууга чечим чыгарышы керек эле. Ал Нинебиге барып жана ага Кудай эмне деп буйруп жаткан болсо, ошону аткарышы керек болчу. Мүмкүн ал шаардын тургундары аны көргүсү келбейттир, бирок баары бир ал Кудайдын каалоосун аткарышы керек эле. Жунус Кудай ага тапшырып жаткан ишти аткаргысы келбей жаткандыгы туураалуу чечим кабыл алса да болот болчу. Анан Жунус эмне кылды? Ал жашынып калгысы келди! Ал деңизди көздөй тызылдап чуркаган бойдон келди да, анан Нинебиге эмес, башка жакка бараткан кемеге отуруп алды. Кеме таптакыр башка жакка бет алды. Мүмкүн, качкын мелмилдеген ачык деңизде аны Кудай таппай калат деп ойлогондур. Бирок, Жунустун кандай экендигин Кудай жакшы билет эле. Кудай катуу шамалды жиберип койду эле, деңизде толкун башталды. Эбегейсиз толкундар кемени каптап жатты. Моряктар мурда эч качан мындай катуу толкунду көрүшпөгөн эле. Жунус бул коркунучтуу толкун Кудайдан келгендигин түшүнүп турду. Анан да ал эмне кылыш керектигин да эң сонун билген. Жунус моряктарга кайрылып: — Мен Кудайдан жашырынып жүрөм, бул толкунду Ал жиберди. Эгерде силер мени алып туруп, толкуп жаткан деңизди көздөй ыргытып жиберсеңер, толкун басылып калат, — деди. Моряктардын бирөөсү да мындай кылгысы келген жок. Анткен менен, ушундай кылуунун зарылдыгы болуп турганын түшүнгөн моряктар Жунусту борттон ары ыргытышты. Ошондон кийин толкун дароо басылып, моряктар куткарылып калышты. Ошентсе да, Жунус алар менен эмне болорун билген эмес. Ал курчап турган сууну жана деңиздин укмуштуудай бир тургундарын көрүп турду, алар: күлгүн түстөгү кичинекей балыктар, орточо көлөмдөгү сары балыктар жана ушунчалык эбегейсиз чоң кит эле. Ал ушунчалык чоң болгондуктан Жунус көрүп турган анын айланасындагы балыктардын баарын кошуп туруп Жунустун өзүн да жутуп алды! Киттин ичинде калган Жунус сыйына баштады. Анын куткарылышы үчүн бул жандыкты ага Кудай жибергендигин ал түшүнүп турду. Ошондуктан ал Кудайга ыраазы болуп жана Ага тил алчаак болууга убада берди. Андан ары эмне болду? Чоң кит жээкти көздөй сүзүп келди да, оозун ачып туруп, түрдүү балыктардын бүт баарын жана Жунусту кошо бүркүп салды. Балыктар менен кошо Жунус да кургактыкта болуп калды. Ал сөз жеткис бактылуу эле! Анан Кудай Жунуска кайра эле Нинебиге барууну буюрду. Жунус бул жолу кандай чечимди кабыл алаарын билет болчу. Ал Кудайга баш ийип, кайсы жакка Кудай бар десе, ошол жакты көздөй жөнөдү. Нинебинин тургундары өкүнүп тобо кылышып, туура эмес кылгандарын моюндарына алышты. Алар өз жашоолорун өзгөртүүнү чечишти. Алар эми бири-бирин сүйүп жашашат. Алар эми баарынан мурда Кудайды сүйүшөт. Акыры жүрүп Жунус Кудайга тил алчаак болуп жана Анын жардамчысы болуп калгандыгы үчүн Кудай ыраазы болду. Нинебинин тургундары да Ага тил алчаак болушуп жана Аны сүйүп жашагылары келгендиги үчүн Ал кубанды. Эстеп көрөбүз Кудай Жунусту кайда барууга буйруду эле? Жунус туура нерсени тандадыбы же жокпу? Жунус киттин ичинен чыккандан кийин кандай чечим кабыл алды? Жунусту уккандан кийин, Нинебинин тургундары эмне кылышты? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Мүмкүн, кээде сенин да Кудайга тил алгың келбеген учурларың болоттур. Мүмкүн, сен кээде сыйынганды каалабай же кең пейил болгуң келбеген учурлар болоттур? А мүмкүн, сен кээде ата-энеңди уккуң келбейттир. Анан, бул кандай кайгылуу издерди калтыраары тууралуу айтып бер. Туура тандаганды үйрөн Түндө уктардын алдында башыңды төшөк менен чүмкөп алып көр. Киттин ичинде да ушундай караңгы болгон болчу. Керебетти солкулдатып, анан Жунуска окшоп деңизде сүзүп баратам деп эсепте. Анан бир аздан кийин төшөктү башыңан шарт алып сал, ошондо кайрадан жарыкта болуу кандай ырахат экендигин сезесиң! Кудайга болгон тил алчаактыкты күн тийип турган жерде же болбосо жарык бөлмөдө турган абал менен салыштырсак болот, андайда биз өзүбүздү толук коопсуздукта жана бактылуу сезе алабыз. Туура кылгандан баш тарткандан көрө, Кудайга тил алчаак болгон жакшы. Сыйынабыз Теңир, бизге дайыма жакшы иштерди кылуудан баш тартпаганга жардам бер. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Кудайдын укмуштуудай сонун планы Лукадан болгон Жакшы Кабар 1:26–50 МАРИЯ КУДАЙ КААЛАГАН НЕРСЕНИ КЫЛУУГА МАКУЛ БОЛДУ БЕЛЕ? ЖЕ АЛ АНЫ КЫЛУУДАН БАШ ТАРТТЫ БЕЛЕ? Мария Назерет деп аталган кичинекей шаарчадагы ата-энесинин үйүндө жашаган. Ал дагы башка кыздар сыяктуу эле кудуктан суу алып келип, тамак жасаганды жана кийим тиккенди үйрөнгөн. Ал жаныбарларды абдан сүйгөн жана дайыма чымчыктарга кичинекей күкүмдөрдү берчү. Кыз чоңоюп, нагыз колукту болуп калды! Жакында Жусуп анын күйөөсү болуп калат. Анын эң жакшынакай эмеректерди жасаган устаканасы бар болчу. Анын үйү кандай гана жакшы болот! Ал өзүнүн күйөөгө чыккандагы үйлөнүү үлпөтү, анда кандай гана той өткөрүшөөрү тууралуу да ойлоп койду. Бир жолу Мария жерди шыпырып жаткан кезде, күтүүсүздөн эле бейтааныш бирөө пайда болду. Ал ушунчалык көз тайгылткандай ап-апакай кийим кийип алган болчу. Анын кийими жаркырап жаткан сыяктуу эле. Мария мындайды мурда эч качан көрбөгөндүктөн, абдан коркуп кетти. Чынында эле, бул бейтааныш адам Жебирейил периштедей болуп башкача эле. Ал Марияга Кудайдан жиберилген болчу. Кудайдын жибергени минтип айтты: — Коркпо, Мария. Мен сага жакшы кабар алып келдим. Мария мүмкүн ал жакшы кабар күйөөсү Жусуп жөнүндө же алардын үйлөнүү үлпөтү жөнүндө деп ойлоду. Периште сөзүн мындайча улантты: — Кудай жерге Куткаруучуну жиберүүнү чечти. Ал бардык адамдарга Кудайдын сүйүүсү тууралуу айтып берет. Кудай ошол башкаларга окшобогон баланын энеси сен болушуңду жана анын атын Ыйса деп коюшуңду каалайт. Мария шашып калды: — Бирок менин балам болушу мүмкүн эмес да. Мен али Жусупка күйөөгө чыга элекмин да, — деди. Периште болсо ага мындай деп жооп берди: — Ал бала Кудайдын Уулу болот. Ал адамдарды алардын күнөөлөрүнөн куткарат. Ошентип, Мария маанилүү чечимди кабыл алышы керек болчу. Ал Кудайдын каалаганын аткарып, бул айтканга көнсө да болмок. Ал тургай, аны Жусуп түшүнбөй койгон учурда деле, Кудай ал үчүн кам көрөрүнө ишенсе да болот болчу. Же ал периштеге, Кудайдын жакшы оюн ишке ашырууга катышпайм деп айтып койсо да болот болчу. Кудай Өз Уулу үчүн башка эне таба берсин. Мария эмне кылды? Ал периштеге: — Кудай ойлогон нерсени мен кубануу менен аткарам, — деп жооп берди. Периште Мариядан кеткенден кийин ал өзүнүн Элизабет деген тууганына жөнөдү. Ал болсо Мария менен эмне болгонун дароо түшүндү. Мариянын адаттагыдан башкача бала төрөөрүн Кудай Элизабетке ачып берген болчу. Ошондо Мария: — Менин жаным Теңирди даңктайт. Ал кереметтерди кылат. Ал дүйнөгө Өз уулун жиберет. Анан ошол баланын энеси болуу үчүн Ал мени тандап алды, — деп жыргап жатты. Анын ойлорун аткарууга катышууга Мариянын макул болгондугуна Кудай ыраазы болду. Мария Анын Уулунун, Ыйсанын энеси болот. Эстеп көрөбүз Мариянын тие турган күйөөсү ким болгон? Периште Кудайдын кандай планы тууралуу Марияга кабарлады? Мария туура нерсени тандады беле же жокпу? Периште кеткенден кийин Мария эмне кылды эле? Мария Кудай ага даярдап койгон нерсеге кандай мамиле кылды? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Сен кандай ойлойсуң, Кудай сенден эмнени күтөт? Ал сенин ата-энеңе жана мугалимдериңе тил алчаак болушуңду каалайт. Ал сенин кандайдыр бир жаңы нерсени үйрөнүшүңдү каалайт. Ал сенин кең пейил болушуңуду каалайт. Сен Анын үмүтүн актаганга даярсыңбы? Туура тандаганды үйрөн Баракты алып туруп, бүгүн эмне кылганы жатканыңды тартып көр, муну Кудай каалап жатат. Сүрөт тартып бүткүчөктү чоңойгонуңда Кудай сенин кандай адам болгонуңду көргүсү келгендиги тууралуу ойлон. Бизге карата Анын ойлоруна каршы чыкпаганыбызда, Кудай кубанат. Сыйынабыз Теңир, биз дайыма Сага тил алчаак болгонду жана Сени менен күн сайын сүйлөшүп турганды каалайбыз. Сен бизге карата Өз ойлоруңду ачып беришиңди каалайбыз. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Мария жана Жусуп үчүн кам көрүү Матайдан болгон Жакшы Кабар 1:18–25 МАРИЯ ЖАНА ЫЙСА ТУУРАЛУУ КАМ КӨРГӨНДҮ ЖУСУП ӨЗ МОЙНУНА АЛДЫ БЕЛЕ? ЖЕ АЛ КУДАЙДЫН БУЙРУГУН АТКАРГАН ЖОК БЕЛЕ? Назеретте жашаган Жусуп деген жыгач устанын өзүнүн устаканасы болгон. Ал күн сайын араа менен балканы колуна алып өзүнүн кардарлары үчүн бир нерселерди даярдап жүрчү эле. Кээде ал үстөл жана отургучтарды жасачу. Кээде ага эмгек куралдарын жасаганга туура келчү. Жусуптун иштери абдан көп эле жана ал өзүн абдан бактылуу адам катары сезчү. Эми үйлөнөр алдында ал мурдагыдан да бактылуу эле. Ал Мария ага кең пейил аял жана жакшы жардамчы болуп берерин билчү. Ал Жусуптун үйүнө келгени кандай гана сонун болот! Жусуп өзүнүн аялы жана өз үйү үчүн кандай үстөл жасасам деп ойлонуп жатты. Бир жолу Мария Жусупка укмуштуудай таң калыштуу бир жаңылыкты айтты! Ал ага периште келгендиги тууралуу айтып берди. Анан ал дагы бала күтүп жаткандыгы тууралуу айтты. Жусуп эмне деп ойлоорун да билбей калды. Ал эмне дешти да билген жок. Жусуп жолдо бара жатып өзүнүн келечеги тууралуу түзгөн планы тууралуу ойлонгондур. Ал Марияга үйлөнүүгө камданып жаткан. Ал алардын төрөлө турган баласы тууралуу кыялданчу. Бирок эми... Кеч киргенде Жусуп үйүндө жалгыз отурган эле. Ал Мария эми анын аялы боло албастыгы тууралуу ойлоду. Уктаарга жатар алдында жыгач уста анын бардык пландары талкаланып калгандыгы тууралуу ойлонду. Бирок ошол түнү Жусупка укмуштуудай таң каларлык бир түш кирди. Түшүндө аны менен периште сүйлөштү. Ал Жусупка Кудайдан болгон маанилүү бир кабар алып келди. — Марияны аялдыкка алуудан коркпо, — деди периште. Ал жана бала үчүн кам көргөндөн коркпо. Мариянын боюндагы бала – Ал Кудайдын Уулу. Ал төрөлгөндө атын Ыйса деп кой. Ал адамдарды алардын күнөөлөрүнөн куткарат. Таңдын алгачкы шооласы менен кошо ойгонгон Жусуп маанилүү нерсени тандоо үчүн чечим чыгарышы керек болчу. Ал бала Кудайдын Уулу экендигин билгенден кийин, Марияга үйлөнүп жана наристе Ыйсаны чоңойтушу керек болчу. Же болбосо, ал акырын гана Марияны башка айылга жөнөтүп кое алат болчу. Мейли, ал баланы өзү чоңойто берсин. Акыры ал болгону эле жыгач уста эмеспи. Анын үстүнө мындай адаттагыдан башкача бала үчүн кам көрүү – өтө эле жоопкерчиликтүү эмеспи. Жусуп эмне кылды? Ал ыкчамдык менен кийинип ала коюп, Мариянын үйүн көздөй жөнөдү. Ал тызылдаган бойдон, мүмкүн болушунча тез чуркады. Ал өзүнүн колуктусуна түндө жатып түш көргөнүн, түшүндө периште ага ал жана бала жөнүндө кам көрүү керектигин буйруганын айтып берди. Ошентип, өздөрү кыялданып жүрүшкөндөй Мария менен Жусуп үйлөнүшөт. Эми алар экөө устакана жайгашкан кичинекей үйдө чогуу жашашат. Экөө биргеликте наристе Ыйсаны чоңойтушту. Жусуп Мария жана бала тууралуу кам көрүүнү өз мойнуна алгандыгы үчүн Кудай абдан кубанычта эле. Жусуп менен биргеликте Анын Уулу коопсуздукта болорун Кудай билген эле. Эстеп көрөбүз Жусуп эмне иш кылган? Ал үйлөнүүгө даярданып жатып бактылуу болду беле? Мария ага кандай таң каларлык жаңылыкты айтты? Периште Жусуптун түшүнө кирип, ага эмне деп айтты? Жусуп туура нерсени тандады беле же жокпу? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Сенин үй-бүлөңдүн ар бир мүчөсүнө Кудай кандай милдеттерди жүктөгөн? Сенин аткарып жаткан милдеттериң сага абдан эле оордой болуп сезилбейби? Эгерде Кудай сенин кандайдыр бир жумушту жасашыңды каалай турган болсо, анда аны аткаруу үчүн да Ал Өзү жардам бере тургандыгы тууралуу унутпа. Туура тандаганды үйрөн Акыркы мезгилдерде силердин үй-бүлөңөр үчүн кам көргөн адамдарга телефон чал да (чоң ата, чоң эне, мугалим, тарбиячы), аларга силер үчүн камкордук көргөндүгү үчүн ыраазычылык билдир. Кудай адамдарга Өзү жүктөгөн милдеттерди аткаруусу үчүн ар дайым жардам берет. Сыйынабыз Теңир, бизге кам көрүп жаткан бардык адамдар үчүн Сага ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле, бизге жүктөгөн милдеттер үчүн да Сага ыраазычылык билдиребиз. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. «Коркпогула» Лукадан болгон Жакшы Кабар 2:8–20 КОЙЧУЛАР ПЕРИШТЕГЕ ИШЕНИШТИ БЕЛЕ? ЖЕ АЛАР АНЫН СӨЗҮНӨ КУЛАК САЛЫШКАН ЖОК БЕЛЕ? Койчулар күн сайын короо-короо койлорду Бейт-Лехемдин жанындагы адырларда кайтарышар эле. Бир жолу койлорду кайтарып жүргөн кезде койчулар римдик жоокерди көрүп калышты. Ал шаарга алып бара турган жолдо ат чаап баратты. Ал ким Бейт-Лехемде туулган болсо, ошолордун баарын каттаганы баратканын койчулар билишти. Алар күнү бою тынбастан адамдардын агымы каттоодон өтүү үчүн шаарды көздөй бараткандарын көрүп жатышты. Күн кечтеп бараткан маалда жолдо чарчап-чаалыккан абалдагы жубайлар көрүндү. Эшекке минип бара жаткан аялдын жанында бараткан эркек ага тынчсыздануу менен карап баратты. Кечке маал шаарга ушунчалык көп элдер келгендиктен, шаардын дубалдарынын ичине алар батпай калчудай көрүндү. Койчулар адамдар кайсы жерге түнөшөр экен деп таң калып жатышты. Бейт-Лехемде анчалык көп керебеттер болбосо керек. Мына ошондуктан да, жубайлардын эркеги тынчсызданган түр менен бараткан турбайбы. Түн кирип калганда койчулар койлорду санап жайгаштырышты да, эс алганга камданышты. Ал аралыкта койлор жайылып жүргөн адырларда ээндик өкүм сүрүп, айлана тынчтыкка бөлөндү. Кечки тамактан кийин койчулар акырын чыккан үндөрү менен аба-ырайы тууралуу сүйлөшүшүп, өчүп калбасын деп отко саржан жыгачтарды таштап коюшту. Койлор да адырлардын боорунда уктай башташты. Бир нече койчулар да уйкуга киришти. Күтүүсүз жерден эле жапжарык болгон жарык бүт асманды каптап калды. Баарынан мурда бир эң жаш койчу муну байкаган окшойт. Ал башкаларын да тургузду. Койчулар асмандагы жаркырак уламдан-улам жарыгыраак болуп бараткандыгын карап турушту. Анан айлананын баары күндүзгүдөй жапжарык болуп калган кезде периште пайда болду. Бул эмне болушу мүмкүн? Койчулар чапандары менен баштарын жаап алышты. Мүмкүн, алардын кээ бирлери таштардын артына жашынып да алышкандыр. Маанилүү кабар алып келген периште койчуларга кайрылып: — Коркпогула! — деди. – Менде силер үчүн жакшы кабар бар. Бейт-Лехемде Куткаруучу төрөлдү. Баргыла да, Наристеге карап көргүлө. Ал жалаякка оролуп, малканадагы акырда жатат. Күтүүсүздөн эле асмандын баары периштелерге толуп чыкты! Алар Кудайды даңктап ырдап жатышты: — Баарынан жогорку Кудайга даңк! Анан периштелер кандай пайда болушкан болсо, ошондой эле болуп күтүлбөгөн жерден жок болуп кетишти. Болгону адырларда тынч мемиреп уктап жаткан койлор гана калышты. Акыр-аягында койчулардын бирөөсү таштын артынан чыгууга батынды. Эми алар эмне кылыштары керек болчу? Ошентип, койчулар маанилүү нерсени тандашы керек болчу. Алар периштеге ишенип, анын кеңеши боюнча иш кылышса да болот болчу. Бейт-Лехемге барып жана акырда уктап жаткан Наристени издеп табышса да болмок. Же болбосо, алар бул түн башка түндөрдөн эч нерсеси менен айырмаланбагандай эле түр көрсөтүп коюшса да болмок. Алар эч кандай периштени көрүшпөгөндөй болуп, койлорду караган бойдон кала беришсе да болмок. Анан койчулар эмне кылышты? Алар болуп өткөн нерсени толкундануу менен талкуулашып жана периште Кудайдын Өзү тараптан жиберилгендигин түшүнүштү. Андыктан, койчулардын бирөөсү минтип айтты: — Жүргүлө, Бейт-Лехемге барабыз да, Наристени издеп табабыз. Кудай бизге буйругандай кылып, Аны көрүп келебиз. Алар койлорду карап туруу үчүн өздөрүнүн жолдошторунан бир же экөөнү калтырып коюшуп, өздөрү кадамдарын катуулаткан бойдон Бейт-Лехемге жөнөштү. Абдан жаш койчу да албетте алар менен кетти да. Алар малдар түнөгөн кичинекей кашааны табышты. Ал жерде бир эркек, бир аял жана Наристе бар экен. Периште кандай айтса, баары ошондой болуп чыкты. Койчулар буттарынын учу менен акырын гана Наристеге басып келишип, Ага карап турушту. Эң сонун Бала мемиреп уктап жатыптыр. Койчулар Бейт-Лехемден кайра кетип бара жатышканда, дароо койлоруна кайрылып келе алышпай, бир топ толкунданган абалда турушту. Жолдо келе жатканда алар алдыларынан чыккан ар бир жолуккан адамды токтотуп алышып жана аларга периште жөнүндө жана сонун жаңылык жөнүндө: Куткаруучу Ыйса жөнүндө айтып берип жатышты! Койчулардын периштеге ишенип жана наристе Ыйсаны, Анын Уулун биринчи көргөндөрдөн болуп калышкандыгына Кудай кубанды. Эстеп көрөбүз Түн ортосунда койчулар эмнени көрүштү? Аларга периште эмне жөнүндө айтып берди? Койчулар туура нерсени тандаштыбы же жокпу? Койчулар акырдан Кимди табышты? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Кудай Ыйык Жазууда Ыйса дайыма биз менен экендиги тууралуу айтып жатат! Сен ушуга ишенесиңби? Сен азыр дароо токтолбостон туруп Аны сүйөрүңдү айта аласыңбы? Туура тандаганды үйрөн Мончого кийген жеңил чапаныңды жана бут кийимиңди кийсең, ошондо бир аз болсо да койчуга окшоп каласың. Кебездерди тоголоктоп туруп, койлордун келбетин жаса. Периштелерден кандай жарык чыгып тургандыгын көрүү үчүн чөнтөк фонарчаңды жандырып ал. Бир койчунун ролун аткаруу менен алардын кантип кубангандыгын көрсөтүүгө аракет кыл. Койчулар периштеге ишенип калышкандай болуп, биз дагы Ыйса тууралуу Ыйык Китеп эмне деп айтса, ошонун баарына ишенсек болот. Сыйынабыз Теңир, Сен бул дүйнөгө, койчуларга жиберген сыяктуу болуп эле, бизге да Ыйсаны жибергендигиң үчүн Сага ыраазычылык билдиребиз! Сенин дайыма биз менен экендигиңе, Сени менен каалаган убактыбызда баарлаша алышыбызга жардам бер. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Жаңы жылдыз Матайдан болгон Жакшы Кабар Жакшы Кабар 2:1–11 ДААНЫШМАНДАР КУДАЙ АЛАРДЫ ӨЗҮ ЖЕТЕЛЕП БАРААРЫНА ИШЕНИШТИ БЕЛЕ? ЖЕ АЛАР ӨЗ ҮЙЛӨРҮНДӨ КАЛЫП КАЛЫШТЫ БЕЛЕ? Ыйса Бейт-Лехемде туулган. Бул кичинекей шаарда Наристенин төрөлгөнүн билгендер аз эле болчу. Ошентсе да, алыс-кы чыгышта жашаган акылмандар, даанышмандар адаттан тыш кандайдыр-бир нерсе болуп өткөндүгүн билишти. Күн сайын түн ичинде даанышмандар жылдыздуу асманга байкоо жүргүзүшчү. Анан бир жолу алар башкаларга караганда бир топ жарыгыраак болуп жаркыраган жаңы, татынакай бир жылдызды көрүштү. Анан алар кайсы бир жерде жаңы падыша төрөлгөндүгүн түшүнүштү. Ал бардык адамдардын, ал тургай алыскы чыгышта жашашкан ушул акылмандардын да падышасы болуп калат. Жылдыз жаңы болчу жана ал батыш тараптан жаркырап турду. Даанышмандар ушуну гана билишкен. Алар падышаны кайсы жактан издөөнү да, падышанын атын да билишкен эмес. Ошентип, даанышмандар маанилүү нерсени тандап алыштары керек болчу. Алар ошол кереметтүү жылдызды ээрчип, бир гана Кудайга ишенишип, Ал аларга жаңы падышага карай жол көрсөтүп береринен үмүттөнүшүп бара беришсе да болмок. Же болбосо, даанышмандар эч жакка барбастан эле, мурдагыдай болуп жылдыздуу асманды изилдеп үйрөнүп отура беришсе болмок. Андан ары мына мындай болду. Даанышмандар жаңы саякатка даярданып жатышты. Алар жолдо өздөрүнө керек боло турган нерселердин баарын алышты. Алар азык-түлүктөрүн, кийимдерин жана белектерин — жаңы, улуу падышага бере турган эң сонун белектерин да алышты. Батыштан жаркырап турган жылдызга карашкан бойдон, алар жолго чыгышты. Жаңы падышаны табыш үчүн даанышмандарга көп убакыт керек болду. Алар күндүз уктап алышып, түнкүсүн жылдызды караган бойдон жолдорун улантышты. Ал асмандагы жылдыздарга аралашып кеткенсип жана аларды өзүнүн артынан ээрчитип баратты. Даанышмандар Иерусалимге кирип барышкан кезде, алар падыша албетте ушундай чоң шаарда туулушу керек болчу деп ойлошту. Ошондуктан, алар мындай деп сурашты: — Жаңы падыша кайсы жерде төрөлдү? Бизди анын жылдызы ушул жакка алып келди. Ирод падыша жаңы падышанын туулгандыгы тууралуу эч нерсе билбейт болчу, ошондуктан эң бир акылман, даанышман дегендердин баарын чакырууну чечти. Алар өздөрүнүн эски китептерине узакка чейин карап, издеп жатышып, акыр аягында: — Ал Бейт-Лехемде, — деп айтышты. Ирод падыша чыгыш даанышмандарынан жылдыздын качан пайда болгонун сурап билди жана андан кийин аларга наристени Бейт-Лехемден издөөгө кеңеш берди. Даанышмандар Иерусалимден чыгышты. Жылдыз кайрадан алардын алдында жаркырай баштады. Эми ал аларды Бейт-Лехемди карай алып баратты. Ал жерден алар бир кичинекей үйдөн Ыйсаны жана Анын энеси Марияны табышты. Наристени көрөр менен даанышмандар Ага таазим кыла жүгүнүштү. Анан алар Ал үчүн атайын алып келишкен белектерин – жылтылдаган алтын, май жана жыпарларды алып чыгышты. Даанышмандар Марияга таң каларлык кереметтүү жылдыз тууралуу, жаңыдан туулган Падышаны табыш үчүн узак жол басып келишкендиги тууралуу айтып беришти. Даанышмандар, акылмандар Ыйсаны көрүүнү каалашкандыгы үчүн Кудай кубанычта болду. Ал асманга Ал жаркыратып койгон жылдызды ээрчишкендиги үчүн кубанычта болду. Ыйса алардын Падышасы болот! Эстеп көрөбүз Даанышмандар асманда эмнени көрүштү? Алар эмнени тандашты? Даанышмандарды жылдыз кайда алып келди? Алар Ыйсаны табышкандан кийин эмне кылышты? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Бизде карап туруп ээрчип жүрүп отургандай жылдыздар жок, бирок биз дайыма Кудайдан бизге туура жол көрсөтүп берүүсүн сурана алабыз. Кудай сени кайсы жакка ээрчиткенине карабай, Аны ээрчий аласыңбы? Туура тандаганды үйрөн Өзүңдүн жакын туугандарыңдын бирөөсүн ээрчитип алып асман ачык болуп турган кезде жылдыздарга байкоо жүргүз. Сандаган жылдыздар жайнайт, туурабы? Ал эми, ошончо жылдыздардын арасынан даанышмандар жаңы жылдызды кантип айырмалап билишти? Аларга Кудай жардам берген болуш керек. Ал бизди кайда ээрчитпесин, биз Кудайдын артынан ээрчийм деген чечим кабыл алсак болот. Сыйынабыз Теңир, даанышмандарга Сен аларды Ыйсага алып келе турган жылдызды жибергендигиң үчүн Сага ыраазычылык билдиребиз! Бизге да Сенин артыңан ээрчигенге, ошол даанышмандар сыяктуу эле бизге да Сенин Уулуң Ыйсага табынганга жардам бер. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. «Торлоруңарды таштагыла» Марктан болгон Жакшы Кабар 1:16–20 ПЕТИР, АНДРЕЙ, ЖАКЫП ЖАНА ЖАКАН МАШАЙАКТЫН АРТЫНАН ЭЭРЧИШТИ БЕЛЕ? ЖЕ АЛАР БАЛЫК УУЛАГАНДЫ УЛАНТА БЕРИШТИ БЕЛЕ? Таң жаңы гана сүрүп, күндүн алгачкы гана нурлары чачырай баштаган кез эле. Мелмилдеген Галилея деңизинин үстүндө балыкчылардын кайыктары акырын гана сүзүп келе жатты. Алардын бирөөсүндө бир туугандар — Петир, Андрей, ал эми дагы бирөөсүндө болсо, дагы башка эки бир тууган — Жакып менен Жакандар бар эле. Алар түнү менен балык кармашты. Алардын төртөө тең тажрыйбалуу балыкчылар эле жана тез-тез эле түнкүсүн деңизге балык уулаганга чыгышчу. Ал эми, таң заардан кармаган балыктары менен кошо жээкке кайтышчу. Эркектер чоң тор менен балык кармашчу. Алар алгач торлорду кайыкка салып жайгаштырып алышып, анан гана деңизге чыгышчу. Анан алар четинен бекем кармап туруп, торлорду сууга ыргытышчу. Балыктар торго сүзүп келишип, анан андан чыга алышпай калышчу. Торго толгон балыктарды суудан тартып чыгарган бир туугандар кармаган балыктарын алышып, үйгө кайтышар эле. Алар ошол кармаган балыктары менен тамактанышчу. Бирок көбүнчө аларды сатып, нан жана жашылча-жемиштерди сатып алышчу. Торлорун деңизге таштаган балыкчылар күтүп жатышты. Кээде алар балыктардын торго түшүшүн күткөнчө уктап да алышчу. Кээде алардын кайыктарынын астына келип, айланчыктаган ак чардактарга карап алаксышчу. Кээде жээктеги адамдарды карап турушчу. Анан бир жолу жанында эч кими жок, жалгыз эле келе жаткан бир адамды көрүштү. Бул Ыйса эле! Ал чоңоюп, чоң киши болуп калган эле. Ыйса Петир менен Андрейге мындай деген сөздөр менен кайрылды: — Мени ээрчигиле, Мен силерди адам кармоочу кылам. Анан Ал Жакып менен Жаканга кайрылып, аларга да ээрчигиле деп айтты. Бир туугандар кылчайып карап калышты. Алар “адам кармоочу” деген сөздүн кандай мааниси бар экендигин түшүнүшкөн жок. Бирок балыкчылар Кудай Өзү аларды Ыйсанын артынан ээрчигиле деп жатканын тереңден туюп турушту. Алар Кудай алардан ушундай кадам жасоону күтүп жаткандыгын сезишти. Ошентип, Петир, Андрей, Жакып жана Жакан маанилүү нерсени тандоолору керек болчу. Алар Кудайдын үнүн угуп, Ыйсанын артынан ээрчип жана Анын шакирттери болуп калышса да болмок. Же алар өз кайыктарында эле кала беришип, балык уулагандарын уланта беришсе да болмок. Балыкчылар кандай кылышты? Петир менен анын бир тууганы Андрей торлорду колдорунан түшүрүштү. Бардык алар кармаган балыктар кайра деңизге сүзүп кетишти. Жакып менен анын бир тууганы Жакан да торлорду калтырышты. Төрт балыкчы тең калактарды айдашып, жээкти көздөй жөнөштү. Кургактыкка буттары тиер менен алар Ыйсага карай умтулушту. Петир, Андрей, Жакып жана Жакан Ыйсага Аны менен барышаары жана Анын эң мыкты достору болуп калышары тууралуу сөз беришти. Алар Андан үйрөнүшүп, Анын шакирттери болуп калышат. Төрт балыкчы “адам кармоочулар” болушат да, адамдарга Кудайдын сүйүүсү тууралуу айтып беришет. Петир, Андрей, Жакып жана Жакан Ыйсаны ээрчүүнү каалашкандыгы үчүн Кудай кубанды. Алар Анын ишенимдүү шакирттери болушарын Ал билген. Эстеп көрөбүз Ар бир кайыкта канчадан балыкчылар бар эле? Балыкчылар жээкте кимди көрүштү? Ыйса аларга эмнени сунуш кылды? Төрт балыкчы туура тандаштыбы же жокпу? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Ыйса сенин да Ага жардамчы болушуңду каалайт. Бирок, эң алгач төрт балыкчыга окшоп, Сен да Анын шакирти болушуң керек. Сенин жардамың кайсы жерден көрүнөрүн качан үйрөнөсүң? Туура тандаганды үйрөн Баракты алып алгын да, ага сууда чайпалып турган кайыктын сүрөтүн тарткын. Барактын асты жагына бир аз желим куюп туруп, жээкти элестетсин үчүн желимдин үстүнө кумдан сээп кой. Же болбосо, жөн эле балыктын кебетесинде жасалган бир нече крекерлерди жегин. Биз дагы Ыйсанын жардамчысы боло алабыз. Сыйынабыз Теңир, Сен бизди Ыйсанын жардамчысы болуш үчүн чакырып алгансың. Бизге бул үчүн эмне кылыш керектигин көрсөтүп бер. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Кудуктун жанында Жакандан болгон Жакшы Кабар 4:4–30,39 КУДУКТУН ЖАНЫНДА ЫЙСА ЖОЛУКТУРГАН АЯЛ АЛ ЖӨНҮНДӨ ӨЗҮНҮН ТААНЫШТАРЫНА АЙТЫП БЕРДИБИ? ЖЕ БОЛБОСО, АЛ МУНУ КЫЛУУДАН КОРКТУБУ? Эми Ыйсанын он эки шакирти бар болчу. Алар бардык жерде Анын артынан ээрчип жүрүшкөн. Бир жолу Ыйса Өзүнүн шакирттери менен бөтөн өлкөгө келди. Алар чоң шаардан анчалык алыс эмес жерге токтошту. Эс алып алуу үчүн Ыйса кудуктун жанына токтоп отурду, ал эми шакирттери болсо жегенге бир нерсе сатып келиш үчүн шаарга жөнөштү. Ыйса таң заардан баштап жол жүрүп келгендиктен, абдан суу ичкиси келди. Бирок Анда кудуктан суу сузуп ичүү үчүн идиши жок болчу. Көп өтпөй кудуктун жанына бир аял келип калды. Ал сууга таптакыр адаттан башкача маалда — күндүн түшкү ысык маалында келди. Бирок, бул аял шаардын башка тургундары сууга келген учурда кудуктун жанында көрүнгүсү келген эмес. Ал өзүнүн кылган кээ бир иштеринен уялчу, ошондуктан адамдар менен жолугушуудан качат эле. Бирок, ал Ыйсаны билчү эмес. Аял бул Адамга анын жашоосу тууралуу эч нерсе белгилүү эмес деп ойлогон. Демек, ал Андан жашынбаса да болмок. Ыйса аялдан суу сурады. — Эмне үчүн Сага суу беришимди сурап жатасың? – деп таң калды аял. — Сенин элиң бизди сүйбөйт эмеспи. Буга Ыйса минтип жооп берди: — Сен Менин Ким экенимди билбей жатасың. Эгерде сен билген болсоң, Менден өзүң жардам сурамаксың жана андан кийин эч качан ага муктаж болмок эмессиң. Анан Ал мындай деди: — Баргын да, күйөөңдү бул жакка чакырып келгин. — Менин күйөөм жок, — деп мойнуна алды аял. — Туура. Сенин күйөөлөрүң көп болгон. Азыр сен жашап жаткан адам күйөөң эмес. Аял айран — таң калуудан катып калгансыды. Ыйса ал тууралуу бүт баарын билет экен. Бирок, аял үчүн Ал мурда жолуктургандардын ичинен эң бир кең пейил Адам сыяктуу болуп көрүндү. Бул адаттагыдан башкача Адам экендигин ал түшүндү. Ыйса менен аял Кудайга табынуу тууралуу маектешишти. Ыйса ага Ал — Кудайдын Уулу, дүйнөнү Куткаруучу экендигин айтып берди. Ошол мезгилде кудуктун жанына Ыйсанын шакирттери да келип калды. Бирок, ал экөө эмне тууралуу сүйлөшүп жатышкандыгын алар сурамжылашкан жок. Ошентип, аял маанилүү нерсени тандашы керек болчу. Ал шаарга барып өзүнүн тааныштарынын баарына Ыйса жөнүндө айтса да болот болчу. Ошол эле мезгилде ал жолугуп, көрүшкөндөн уялган адамдар дагы бар болчу да. Же болбосо, ал Ыйса жөнүндө эч кимге айтпай эле, үйүнө кете берсе да болмок. Аял эмне кылды? Ал чуркаган бойдон шаарга барды. Эми ал адамдар менен жолугушкандан уялбай калды, анткени ага Ыйса жардам берди. Ал ага Кудайга кантип табынуу керектигин айтып берди. Аялдын жолунан ким жолуккан болсо, алардын баарына ал: — Мен тууралуу баарын билген кишини көрүүгө шашылгыла. Ал Куткаруучу болсо керек, — деп айтып жатты. Көптөгөн адамдар күндүн түшкү аптабына карабастан кудуктун жанына келип, Ыйсанын айтканын угуп жатышты. Аял айткан Ыйса алардын шаарына келгендиги үчүн алар кубанып жатышты. Кудай дагы кубанды. Аял аларга эң сонун жаңылыкты айтып келгендиктен улам, шаардагылардын бүт баары Ыйса тууралуу билип калышты. Ыйса тууралуу адамдар билиши үчүн, кимдир-бирөө Ал жөнүндө аларга айтышы керек болчу да! Эстеп көрөбүз Ыйса аялга кандай сураныч менен кайрылган эле? Бул аял эмне үчүн адамдар менен жолугушуудан качкан? Аял эмне үчүн мурда өзү жолобой, качып жүргөн адамдар менен сүйлөшөйүн деп чечти? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Ыйса тууралуу сен өз тааныштарыңа эмнелерди айтып бере аласың? Сен аларга Ал жөнүндөгү сүйүктүү ырыңды ырдап бере аласыңбы? Сен аларга сүрөттөр боюнча Ыйык Жазуудагы окуялардын бирөөсүн айтып бере аласыңбы? Туура тандаганды үйрөн Китептин, журналдын беттерин барактап жана каталогдорду карап чык жана ал жактан ар кандай улуттун адамдарынын сүрөттөрүн тап. Кудай баарын сүйөт. Биз башка адамдарга карата өз сүйүүбүздү кантип көргөзө алабыз? Биз өз тааныштарыбызга Ыйса тууралуу билгендерибиздин баарын айтып беришибизди каалайт. Сыйынабыз Теңир, Сен биз тууралуу баарын билгендигиңе карабастан, бизди сүйгөнүң үчүн Сага ыраазыбыз. Биз ушул кубанычтуу кабарды өз тааныштарыбыз менен кантип бөлүшүшүбүз керектигин бизге көргөзүп бер. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Алыс аралыктан айыгуу Матайдан болгон Жакшы Кабар 8:5–13 РИМДИК ЖҮЗ БАШЫ ЫЙСАНЫН АЛЫСТАН ТУРУП ЭЛЕ АЙЫКТЫРЫП КОЕРУНА ИШЕНДИ БЕЛЕ? ЖЕ АЛ ЫЙСА СӨЗСҮЗ ООРУГАН АДАМДЫН ЖАНЫНДА БОЛУШУ КЕРЕК ДЕП ОЙЛОДУ БЕЛЕ? Ыйса кайсы жакка барбасын, барган жериндеги адамдарга Кудайдын сүйүүсү тууралуу айтып берип жатты. Ал ошондой эле, ооругандарга колун коюп сыйынып айыктырып жатты. Анын айыктыруучу күчү жана Ыйсанын сүйүүсү тууралуу уккан адамдар алыс жактардан ага келип жатышты. Ыйса кайсы жерге барбасын, котологон эл Аны курчап калып жатышты. Ал кээде кыйынчылык менен жылган, анткени Аны адамдардан курулган дубал курчап калган. Бир жолу римдик жүз башы Ыйса менен сүйлөштү. Жүз башынын ишенимдүү кызматчысы үйүндө калган. Ал кызматчы ооруп жаткан эле жана ага эч ким жардам бере албай жаткан. Ал өзүн ушунчалык жаман сезип жаткандыктан, Ыйсанын алдына да өзү басып келе алган эмес. Ошондуктан, Ага ооруп жаткан кызматчынын мырзасы келген. Ал буга чейин Ыйсанын адамдарды айыктыргандыгы тууралуу айтылган сөздөрдү көп уккан болуш керек. Адатта Ыйса муктаж болгон — ооруп жаткан адамдан ал эмне каалап жатканын сурап алып, анан гана ага колун тийгизип сыйынчу, ошондо адам айыгып калчу. Жүз башы Ыйсага мындай деди: — Менин бир кызматчым үйдө ооруп жатат. Ал азыр төшөктө жатат жана кыймылдай да албайт. Ага абдан жаман болуп турат. Ыйса болсо мындай деп жооп берет: — Мен сенин үйүңө барам, анан сенин кызматчыңды айыктырам. Ошентип, римдик жүз башы маанилүү нерсени тандашы керек болчу. Ал Ыйсадан Ал жардамдашып жаткан, топтолушуп турган элдин баарын таштап, аны менен барышын өтүнсө да болот болчу. Мүмкүн, ооруп жаткан кызматчыга жардам берүүгө али кеч боло электир. Же болбосо, ал — жүз башы Ыйса алыс аралыкта туруп деле адамдарды кереметтүү түрдө айыктырып кое турган өзгөчө күчкө ээ экендигине ишенсе да болот болчу. Анан римдик жүз башы Ыйсага мындай деп айтты: — Мен Сенин үйүмө барышыңа татыктуу эмесмин. Бирок, Сен менин кызматчыма айыгууга буйрук бере турган болсоң, ал айыгып каларын билем. Мен муну аскер башчы катары айтып жатам. Качан мен өз жоокерлериме басууга буйрук берсем, алар басышат. Мен Сенин айыктыруучу күчүңө ишенем. Эгерде менин кызматчым айыксын дей турган болсоң, ал сөзсүз айыгарына ишенем. — Сенин ишенимиң кандай гана улуу! Барагой. Сенин кызматчың айыкты, — деди. Жүз башы үйүн көздөй шашты. Үйгө келгенинде ал кызматчысынын төшөктөн туруп, кызматка даяр тургандыгына күбө болду. Ал оорубай калыптыр! Ыйса ал айыкты деген көз ирмемде эле айыгыптыр. Ыйса римдик жүз башыдагы Анын күчүнө карата ушунчалык терең ишеним бар экендигиие абдан кубанды. Ал бул адамдын кызматчысын айыктыра алгандыгы үчүн кубанычта болду. Эстеп көрөбүз Римдик жүз башы Ыйсанын айыктыруучу күчүнө ишенди беле? Бул аскер башчы туура нерсени тандады беле же жокпу? Кызматчыга эмне болду эле? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Биз бүгүн Ыйсаны көрө албайбыз, бирок биз Анын айыктыруучу күчүнө ишенип жана Анын жардамынан үмүттөнө алабыз. Ал кимге зарыл? Анын жардамы ошол эле көз ирмемде келбесе да, сен Ыйсанын жардам бере аларына ишенесиңби? Туура тандаганды үйрөн Кимдир-бирөө менен мындай бир оюнду ойноп көр. Башка бөлмөдө турган экинчи оюнчу сенин көрсөтмөлөрүңдү аткарсын. Мисалы, ага мындай деп айт: “Секир, марш теп, оозу-мурдуңду кыйшаңдат”. Анан: “Мени кучакта!” деп айт дагы, аны менен кучакташуу үчүн чурка. Андан кийин алыста турган жана Ыйсанын “кучактоосуна” муктаж болгон кимдир-бирөө үчүн сыйын. Биз өз жаныбызда турган адамдарга жана бизден алыс турган адамдарга да Ыйса жардам бере аларына ишенсек болот. Сыйынабыз Теңир, биздин үй-бүлөнү ар кандай кырсыктардан жана оорулардан сакта. Биз кимди сүйсөк ошол адамдардын жанында бол, ким жаныбызда болсо жана ким бизден алыс жакта болсо ошолор менен бирге бол. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Жардамга сунулган кол Матайдан болгон Жакшы Кабар 12:9–14 ЫЙСА КЕҢ ПЕЙИЛ БОЛУП ЖАНА АДАМДАРГА ЖАРДАМ БЕРҮҮНҮ КААЛАДЫ БЕЛЕ? ЖЕ АЛ ЭЧ КАНДАЙ СҮЙҮҮ ЖАНА КАМКОРДУК БОЛБОГОН МЫЙЗАМДЫН ТАМГАЛАРЫНА КАРАП ТУРУП АЛДЫ БЕЛЕ? Ыйса Кудайдын бардык парыздарын билген жана Ал Өзүнүн Асмандагы Атасын сүйгөндүктөн аларды аткарган. Бирок, адамдар башка мыйзамдарды ойлоп табышкан. Ал мыйзамдардын кээ бирөөлөрү жакшы эмес жана адилетсиз болгон. Бир жолу Ыйса жана анын шакирттери Кудайга табыныш үчүн синагогага келишкен. Ошол күнү аптанын ишемби күнү, тынчтануу күнү эле. Адамдар Кудайды даңктап жана Анын берген белектери, жөндөмдүүлүктөрү үчүн Кудайга ыраазычылык келтирип жатышты. Синагогада Ыйса бир колу эч нерсеге жарабай, куурап калган адамды көрдү. Ал жаза да, иштей да, өз кийимин өзү ал колу менен кие да алган эмес. Ыйса ал майыпты айыктырып койгусу келди. Бирок, адамдар ойлоп чыккан мыйзам ал адамды айыктырууга тыюу салган. Ишемби күнү эч ким иштебеши керек болгондуктан, адамды айык-тыруу жумуш катары эсептелинген. Ыйса маанилүү нерсени тандашы керек болчу. Ал Атасына жагуунун бир жолу — бул кең пейил болуу жана адамдарга жардам берүү экендигин билген. Андыктан, Ыйса майыпты айыктыргысы келген. Ал муну ушул жерде, элдин баары Кудайга табынып жаткан синагогада кылгысы келген. Бирок, андай кыла турган болсо, мыйзамчылар байкап калып, Анын кылган ишин туура көрүшмөк эмес. Ыйса башка нерсени тандаса да болот болчу. Ал кое туруп, ал адамга башка күнү жардам берсе деле болмок. Бирок, ал кое турган болсо, ал адам кетип калмак. Ыйса эмне кылды? Ал Аны токтоткусу келип жаткан мыйзамчыларга кайрылып туруп, мындай деди: — Эгерде силердин бир коюңар чуңкурга түшүп кеткен болсо, эмне кылмак элеңер? Аны ишемби күнү чуңкурдан тартып чыгармаксыңарбы же кийинки күнгө калтырып коймоксуңарбы? Адам койго караганда алда канча кымбат эмеспи. Ошондуктан, ишемби күнү да адамга жардам берүү абдан туура иш болот, — деди. Ошентип, айткандан кийин Ыйса колу ооруган кишиге: — Колуңду сун, — деди. Майып адам колун сунду жана колун сунар замат ал соо болуп, айыгып калды! Ыйсанын ал кишини айыктырып койгонуна Кудай ыраазы болду. Ал асманда Өз Атасын даңктоонун эң сонун ыкмасын тандап алды. Эстеп көрөбүз Ыйса синагогага аптанын кайсы күнүндө келди эле? Ал жактан көргөн майып киши үчүн Ыйса эмне кылгысы келди? Эмне үчүн мыйзамчылар ал кишиге Ыйсанын жардам беришин каалашкан жок? Ыйса туура нерсени тандады беле же жокпу? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Жуманын кайсы күнү Кудайга табынуу үчүн бөлүнүп коюлат? Жыйын чогулушуна баруу менен, сен Кудайга өз сүйүүңдү көргөзөсүңбү? Сен башка адамдарга жардам берүү аркылуу Кудайга өз сүйүүңдү көргөзө аласыңбы? Туура тандаганды үйрөн Мына сен эмки жолу машина менен сыйынуу үйүнө баратканда буларды кылсаң болот. Адамдар үчүн кам көрө турган жакшы иштердин тизмесин түзүп чык. Мүмкүн, сен карыган адамга барууну же ооруп жаткан адамга открытка жазууну пландаштыраттырсың. Биз атайын бир күндү бөлүп коюп, адамдарга жардам берүү жана жакшы иштерди кылуу менен Кудайды даңктасак болот. Сыйынабыз Теңир, Сенин өзгөчө күнүңдө кантип адамдарга жакшылык кылып жана аларга жардамдашуу керектигин бизге көрсөтүп бер. Биз Сенин биздин Сени канчалык сүйөрүбүздү билишиңди каалайбыз. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. «Мен биринчи!» Марктан болгон Жакшы Кабар 9:33–37 ЫЙСАНЫН ШАКИРТТЕРИ БИРИ-БИРИН КОЛДОШКОНБУ? ЖЕ БОЛБОСО, АЛАР АРАБЫЗДАН КИМ ЭҢ БИРИНЧИ ДЕП ТАЛАШЫШКАНБЫ? Ыйсанын шакирттери дээрлик ар дайым эле бирге болушкан. Алар бир чоң үй-бүлө сыяктуу болуп, чогуу жашашкан. Алар Ыйсаны угушкан жана башка адамдарга Кудайдын сүйүүсү тууралуу айтып беришкен. Жакшы достор катары Ыйсанын шакирттери көпчүлүк убактыларын бирге өткөрүшүп жана бири-бири үчүн кам көрүшкөн. Бирок, чоң үй-бүлөдөгүлөр сыяктуу эле алар кээде Ыйса аларды эмнеге окутуп-үйрөткөнүн унутуп коюшкан. Алар кээде бири-бири менен бөлүшүү керектиги жана кең пейил болуш керектиги тууралуу да унутуп коюшкан. Бир жолу Ыйсанын шакирттери баары чогуу бир шаар-га баратышкан. Алар жолдо сүйлөшүп баратышты. Мүмкүн алар бир нече саат мурда Ыйсадан уккан окуялар тууралуу сүйлөшүшкөндүр. Анан күтүүсүздөн туруп эле алардын ичинен бирөөсү өзүн биринчи катардагы шакиртмин деп, анткени Ыйса башкаларга караганда аны көбүрөөк сүйөт деп, өзүн Анын эң мыкты шакирти деп жарыялап калды. Анын ушинтип айтканын угушкан башка шакирттери абдан көңүлдөрү чөгө, кейип калышты. Ошентип, алар туура нерсени тандашы керек болчу. Алар өздөрүнүн досуна алардын ар бири Ыйса үчүн бирдей эле кымбат экендигин акырын гана, жумшак айтып, эскертип коюшса да болот болчу. Ошондо алар жаңжалдан алыс болушмак. Же болбосо, алар мындан жаңжал чыгарышса да болот болчу. Ар бири эле өздөрүн гана Ыйсанын шакирттеринин ичинен эң мыкты жана эң биринчи, негизгиси деп далилдешсе болот болчу. Шакирттер эмне кылышты? Алар талашып-тартыша башташты. Алардын бирөөсү Анын өзгөчө тапшырмаларын аткарып жүргөндүктөн, өзүн Ыйса үчүн башкаларга караганда маанилүүрөк дей баштады. Дагы бирөөсү болсо, башкаларга караганда ал Ыйса менен биринчи болуп, мурдараак таанышкандыгы үчүн, өзүн башкаларга караганда маанилүүрөөк дей баштады. Ал эми, талашкандардын дагы бирөөсү, анын энеси Ыйса менен тааныш болгондуктан, ал эң негизги жана биринчи экендигин айтты. Акыр-аягында Ыйса алар эмне тууралуу сүйлөшүп жатышкандыгын сурады. Он эки шакирттин бирөөсү да Ага жооп беришкен жок. Баарын алар эмне тууралуу талашып баратышкандыгын Ыйса билип калат деген коркунуч каптады. Бирок баары бир эле Ыйса билип койду! Ал Өзүнүн шакирттерине мындай деп айтты: — Силердин ар бириңер Менин көз алдымда эң негизги болуп көрүнгүңөр келип жаткандыгы мага белгилүү. Эгерде силер ошондой болууну кааласаңар, анда бардык адамдарга жана ар бирине жардам беришиңер керек. Кичинекей баланы колуна алган Ыйса минтип кошумчалады: — Айрыкча балдарга карата кең пейил болгула. Наристеге жакшылык кылганыңар, Мага жакшылык кылганыңар. Ал эми, Мен үчүн кылганыңардын баары Кудай үчүн, Менин Асмандагы Атам үчүн кылынган болуп эсептелет. Шакирттер кейип калышты, анткени алар Ыйса алардын арасында талаштын болушун каалабагандыгын түшүнүштү. Алар Ыйса алардын ар бири өзүн өзү көтөргөндүн ордуна, өз жакынына жардам бергенин каалагандыгын билишти. Алар бири-бирин колдоп-кубаттап, ал тургай, кичинекей балдарга чейин жардам бериштери керек эле. Ыйса Анын шакирттери бири-бири үчүн кам көрүп туруштарын каалаган. Бирок, алар ким биринчи деп өз ара талаша кетишкендиктери үчүн эле Ыйса аларды сүйгөндүгүн токтотуп койгон жок. Кудайдын Уулу – Ыйса аларды кечирип жана кантип алар Ага мыкты жардамчы боло алышаарын көргөзүп берди. Эстеп көрөбүз Шакирттер эмне жөнүндө талашышты эле? Алар туура нерсени тандашты беле же жокпу? Ыйсанын ою боюнча ким Ал үчүн өзгөчө маанилүү? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Сен Ыйсанын досу боло аласыңбы? Сен адамдардын кимисине жардам бересиң? Мүмкүн, сенин үй-бүлөңдүн баары эле кимдир-бирөөгө жардам береттир? Ошол сыяктуу эле, силер да бири-бириңерге жардам бере берсеңер болот. Туура тандаганды үйрөн Муздаткычтын эшигине: “Мен Ыйсанын досумун. Мен адамдарга __________ кылып жардам бере алам” деп жазылган сөздөрү бар карточканы жармаштырып кой. Эгерде бош орун кала турган болсо, сен адамдарга кантип жардам берериңди чагылдырып, сүрөт тартып кой. Башка адамдардын алдында өзүн кыйын сезүүдөн көрө, аларга жардам берген жакшы. Сыйынабыз Теңир, башка адамдардын алдында өзүбүздү кыйын сезгенибиз үчүн кечир. Сен биздин баарыбызды бирдей сүйөсүң жана биздин бири-бирибизге жардам берип турушубузду каалайсың! Сага ыраазычылык билдиребиз. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Ыйса балдарды сүйөт Матайдан болгон Жакшы Кабар 19:13–15 ЫЙСАНЫН ШАКИРТТЕРИ БАЛДАРДЫН ӨЗДӨРҮНҮН УСТАТЫНА ЖАКЫН КЕЛИШИНЕ ЖОЛ БЕРИШТИ БЕЛЕ? ЖЕ БОЛБОСО, АЛАР БАЛДАРДЫ КОЕ БЕРИШКЕН ЖОК БЕЛЕ? Эң сонун жаз күндөрүнүн биринде бир адам шаарга эң жакшы бир кабарды алып келди. Шаардагыларга Ыйса келе жатыптыр! Ал бүгүн эле ушул жерде болот экен! Ар бир үйдүн аталарына дароо эле жумуш табыла калды окшойт. Мүмкүн алар жолдо жаткан таштарды теришип, чырпыктарды жыйнап жатышкандыр. Мүмкүн алар Ыйса отуруп, эс алуусуна ыңгайлуу боло турган жерди даярдоого киришишкендир. Андан кийин эркектер чыдамсыздык менен Анын келишин күтүүлөрү керек болчу. Бул шаарда жашаган энелер да өздөрүнө жумуш табышкан чыгар. Алар баштыктарына тамак-аштарды салып, камданышкан чыгар. Мүмкүн алар, өз балдарын жуунтуп да алышкандыр. Анан аялдар өздөрүнүн эң жакшы кийимдерин кийишти. Алардын ар бири Ыйсаны көрүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатышты. Акыры бирөө кыйкырып жиберди: — Ыйса шаардын четине жакындап калды! Бардыгы көчөгө чыга калышып, жолго карап калышты. Ыйсаны күтүп турган ата-энелер өз ара сүйлөшүшкөн чыгар. Алар эгерде Ыйса ар бир баланы, ал тургай, эң кичинекей балдарды да колуна алып, алардын ар бирине батасын берсе кандай гана жакшы болор эле деп сүйлөшүп турушкандыр. Ыйса дайыма баарын сүйөөрү тууралуу айтып жүрбөйбү. Албетте, анан балдарды да сүйөт да. Ыйса шаарга кирди да, Ал үчүн даярдалып коюлган орунга отуруп, шаардын тургундары менен баарлашты. Адамдар болсо Аны кунт коюп угуп жатышты. Ал тургай, кичинекей балдар да аларга бүгүн өзгөчө бир Адам келгендигин туюп турушкандай. Аларга кызык болгон бир нерсе, Ыйса аларды байкайт болду бекен. Түштөнүү учуру келгенде аялдар тамактарын алып чыгышты. Баары ошол эле жердеги көк чөптүн үстүнө шам-шум этип алууга отура калышты. Ыйсанын шакирттери да Ага жакыныраак отуруп алышып, өз ара бирдемелерди сүйлөшүп жатышты. Алар Устатынын тынчын алууну каалашкан жок. Анан кокусунан эле бир нече ата-энелер балдарын көтөргөн боюнча Ыйсага карай жөнөп калышты. Бирок, шакирттер муну байкап калышты. Алар балдардын Ыйсанын тынчын алышын каалашкан жок. Алар балдар Анын көңүл буруусуна татыбайт деп ойлошкон өңдүү. Ошентип, Ыйсанын шакирттери маанилүү нерсени тандашы керек болчу. Алар ата-энелерге өз балдарын Ыйсага алып келүүгө жол берип коюшса да болмок. Же болбосо, алар ата-энелерди балдары менен кошо кууп жиберип, Ага кимдер келишкенин Ыйсадан жашырып коюшса болмок. Ата-энелердин көңүлү абдан чөгүп калды. Кантип эле Ыйса балдарды сүйбөйт? Бирок Өзүнүн шакирттеринин сөзүн угуп калган Ыйса минтип айтты: — Балдарды Мага кое бергиле. Алар Менин Падышачылыгымдагы эң бир маанилүү адамдар. Балдар Ыйсага жакындашты. Эң кичинекейлерин Ал тизесине отургузуп алды. Ал аларга кызыктуу окуяларды айтып берди. Анан Ыйса бардык балдарга, ал тургай, эң кичинекейлерге чейин сыйынып, батасын берди. Бардык балдар абдан бактылуу болуп турушту! Бардык ата-энелер дагы абдан бактылуу эле. Анан ушул жерден шакирттер эмнеден ката кетиришкенин түшүнүштү. Ыйса балдарга көңүл бурбай кое тургандай деңгээлге чейин бошобой калбайт. Ыйса балдарды сүйөт, балдар да Аны сүйүшөт. Эстеп көрөбүз Эмне үчүн ар бир үй-бүлө Ыйсаны күтүп жатышты? Шакирттер балдардын ата-энелерине эмне деп айтышты эле? Шакирттер туура нерсени тандашты беле же жокпу? Ыйса балдарды көрүп эмне деди? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Сен кайсы бир адамга ал сенин көңүл бурууңа татыктуу эместей мамиле жасаган учуруң болду беле? Сен адамдардын кимисине жардам бересиң? Мүмкүн сен кичинекей иниңди же карындашыңды (сиңдиңди) же досуңду укпай койгондурсуң? Ыйса үчүн ар бир адам кымбат, ошондуктан сен үчүн да ар бир адам кымбат болушу керек. Туура тандаганды үйрөн Сага тааныш балдарга библиялык окуялар жазылган ушул китепти көргөз. Ушул жол менен сен аларды Ыйсага алып келе аласың деп айтсак да болот. Биз өзүбүздүн досторубузду баалашыбыз керек, анткени алар Ыйса үчүн баалуу. Сыйынабыз Теңир, Сен мени сүйгөндүгүң үчүн жана бардык балдар Сен үчүн кымбат болгондугу үчүн кубанычтуумун. Мен да аларды баалай турганымды аларга түшүндүрүүгө жардам бер мага. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Ким жардам берет? Лукадан болгон Жакшы Кабар 10:25–37 САМАРИЯЛЫК АДАМ САБАЛЫП ЖОЛДО ЖАТКАН АДАМГА ЖАРДАМ БЕРДИ БЕЛЕ? ЖЕ АЛ АНДАН ЧЕТТЕП ӨТҮП КЕТТИ БЕЛЕ? — Менин жакыным ким? — деп бир адам Ыйсадан сурады. Суроо берген адам Ыйсадан жооп угууну ушунчалык каалады. Анткени Кудайдын парыздарында: “Кудай Теңириңди бүткүл жүрөгүң менен сүй. Жакыныңды өзүңдү өзүң сүйгөндөй сүй” деп жазылган эле. Бул суроого жооп берүү үчүн Ыйса үлгү насаат аңгеме айтып берди. “Бир адам Иерусалимден Жерихо тарапка бара жатыптыр. Ал жолдо аны каракчылар тосуп турат деп ойлогон да эмес. Алар кокусунан ага кол салышты! Алар жерден чыга калган сыяктуу эле болду. Каракчылар жолоочунун өзүн сабап, акчасын алып алышты. Андан кийин сабалып, тонолгон адамды жолго калтырып кете беришти. Көп убакыт өтпөй ошол эле жол менен ийбадатканада кызмат кылган киши өтүп баратты. Ал жабыркап жаткан адамды көргөн менен, ага карап көрүү үчүн токтоп да койгон жок, анткени ал байкушту тааныбайт эле. Мүмкүн, кызматчы абдан шашып жаткандыр эле, же болбосо жабыркаган адамга жөн гана жардам бергиси келбегендир. Мындан кийин жолдо дагы бир адам пайда болду. Ал ийбадаткананын кызматчысына жардам берген адам эле. Ал дагы сабалып, тонолгон адамды тааныбагандыктан, ал да токтолбостон өтүп кете берди. Мүмкүн, ал такыр бош эмес кишидир. Мүмкүн ал кир болуп, булганып калам деп ойлогондур. Көп өтпөй ошол эле жолдон дагы бир адам баратты. Ал Самария тараптан келе жаткан эле, ал да жабыркап жаткан эркекти көрдү. Ал жолоочу да бул жаткан ким экендигин билген эмес, бирок жабыркап жаткан адамга жардам керек экендигин билген. Ошентип, самариялык абдан маанилүү нерсени тандашы керек болчу. Ал токтоп туруп, каракчылардын колунан жабыр тарткан адамга жардам берип койсо да болмок. Же болбосо, ал башка жүргүнчүлөр сыяктуу эле кайрылбай өтүп кете берсе болмок. Самариялык адам кандай кылды. Ал эшегин токтотуп, жол четинде жабыркап жаткан адамдын жанына дароо жетип барды. Ал анын жарааттарын жууп, өз кийиминин четинен айрып алып, жарааттарын таңды. Анан ал алсырап жаткан кишини акырын аярлап, эшегине артып туруп, акырын гана шаарды көздөй жетелеп жөнөдү. Акыры алар жолоочулар түнөп кете турган мейманканага жетип барышты. Анан самариялык адам түнү бою жабыр тарткан адамды карап чыкты. Бул боорукер адам эрте менен жолун улаш керек болчу. Ал мейманкананын кожоюнуна акча берип, түндө ал алып келген адам үчүн кам көрүүнү суранды. Анан дагы самариялык адам кетеринде минтип айтты: “Эгерде сен бул киши үчүн мен калтыргандан да көбүрөөк акча короткон болсоң, кайра кайтып келе жатканымда ал акчаларыңды кайрып берем”. Ушинтип айткан самариялык жолго чыкты. Ыйса айтып берген үлгү насаат аңгеменин аягы ушундай болуп бүттү. Анан Ыйса минтип сурады: — Ушул үч жолоочунун кимиси таяк жеп, тонолуп, жабыр тарткан кишинин жакыны болот? Ыйсанын аңгемесин угуп жаткан адам суроосунун жообун билип турду. Ал: — Анын жакыны токтоп жана ага жардам берген самариялык болот, — деп айтты. — Сен туура айтасың, — деп аны менен макул болду Ыйса. — Эми баргын да, сен өзүң да ошондой жакын адам болуп жүргүн, — деди. Эстеп көрөбүз Кудайдын парыздарында жакыныбызга болгон сүйүү тууралуу эмнелер жазылган? Ыйса айтып берген үлгү насаат аңгеме боюнча ким жардамга муктаж болуп жатты эле? Самариядан келе жаткан жолоочу жабыр тартып жаткан адамга кантип жардам берди? Самариялык адам туура нерсени тандады беле же жокпу? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Биздин жакындарыбыз – бизге тааныш адамдар. Аларга дагы кандай жолдор менен жардам бере алабыз? Ал эми, башка жакындарыбыз болсо – бул биз билбеген адамдар. Бизге бейтааныш адамдарга жардам керек болуп турган учурда биз эмне кылышыбыз керек? Туура тандаганды үйрөн Сага жакын жашаган адамдардын телефон номерлерин жазып ал, мүмкүн аларга жардам керек болоттур. Азырынча аларга оюнчук телефон менен чалып практикалап көр. Биз жакындарыбызга кантип жардам беришибиз керектигин түшүнүүдө Кудай бизге жардам берет. Сыйынабыз Теңир, биздин жакындарыбыз болгон боорукер жана кең пейил адамдар үчүн Сага ыраазыбыз жана ошондой эле, биздин өзүбүзгө да кантип алар сыяктуу кең пейил жана боорукер болууну көрсөтүп жатканың үчүн ыраазыбыз. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Үйдөн алыс жакта Лукадан болгон Жакшы Кабар 15:11–24 АДАШКАН УУЛ ӨЗҮНҮН ТУУРА ЭМЕС КЫЛГАНДЫГЫН ТҮШҮНҮП ЖАНА ҮЙҮНӨ КАЙТЫП КЕЛДИ БЕЛЕ? ЖЕ АЛ БӨТӨН ЖЕРДЕ КАЛА БЕРГЕНДИ ЖАКШЫ ДЕП ЧЕЧТИБИ? Адамдар Ыйсанын үлгү насаат аңгемелерди айтып бергенин укканды жакшы көрүшчү. Аңгемелерде алардын өздөрү сыяктуу эле болгон адамдар тууралуу айтылгандыктан, алар Аны түшүнүшчү. Бир жолу Ыйса эки уулу бар ата тууралуу үлгү насаат аңгеме айтып берди. Улуу баласы атасына чарба иштерин жүргүзүүдө жардам берер эле. Ал эми, кичүү баласы дүйнөнү кыдыргысы келет болчу. Андыктан кичүү уулу атасынан ага мурас боюнча тиешелүү болгон акчаны берүүсүн суранды. Ал өзүнө тиешелүү болгон акчаны токтоосуз түрдө алууну каалады. Бул жерде эмне болуптур, эч нерсе деле эмес, анткени ал атасы мурас кылып бере турган акчаны качан, кантип колдонсо өзү билет болчу. Ошондуктан, атасы кичүү уулунун суранычын канааттандырды да, алар коштошушту. Жаш жигит өзү келген алыскы өлкөдө жүрүп көп нерселерди туура эмес кылган, анан натыйжада акчаларын тез эле коротуп салган. Атасы берген мурастан эч нерсе калган эмес, ал тургай, нан сатып жегенге да акчасы жок эле. Ачкадан жүрүп өлүп калбаш үчүн жаш жигит бир адамга жумушчу болуп орношуп, анан анын чочколорун багып калды. Ал ушунчалык ачка болгондуктан чочколор үчүн даярдалган жемден жегенге аргасыз болгон. Ошол маалда ал: “Менин атамдын ал тургай малайлары да тойгончо тамак жешет. А мен болсо ачка жүрөмүн”, — деп ойлонду. Ошентип, кенже уул маанилүү нерсени тандашы керек болчу. Ал өз үйүнө кайрылып келип, атасынан кечирим сурап жана бир үзүм нан үчүн болсо да, анын кол алдында иштегенге даяр экендигин айтса болмок. Же болбосо, ал чочколордун жанында эле кала берип, эч кандай жаман нерсе кылган жокмун деп жүрө берсе болмок. Эгер андай чечим чыгара турган болсо, өз үйүнө кайрылып келүүнү таптакыр оюнан чыгарып салышы керек болчу. Жаш жигит эмне кылды? Адашкан уул өз атасына карай шашып баратты. Ушунча убактан бери атасы аны күтүп жүргөн болчу. Мына акыры ал өз үйүнө келген жолдо кичүү баласы келе жатканын көрдү. Анын чаң болуп, чачы, сакал муруту өскөн, жүдөгөн кебетесин көрдү. Атасы ачууландыбы? Атасынын каары кайнады беле? Жок! Ал өз баласын кандай гана сүйөөрүн жана анын кайра келгенине кандай гана кубанычта экендиги тууралуу гана ойлоду! Атасы уулун утурлай чуркап барды да баласын кучактап калды. Жаш жигит болсо башын көтөрө албай, атасынын алдында абдан күнөөлүү экендигин моюнга алды. Акыры ал үнүн чыгарып: — Мен сенин уулуңмун деп аталууга да татыксызмын, — деди. Атасы эмне кылганын билесиңерби? Ал уулуна үйдө болгон эң жакшы кийимдерди алып келди. Ал малайларга жакшы тамактарды жасаганга буйрук берди жана бардык кошуналарын чакыртып, алар анын үйүнө кайтып келген уулун көрүшсүн деди. Ыйса бул үлгү насаат аңгемени аңгемедеги кичүү уулу жасагандай туура эмес иштерди кылган адамдар үчүн айтып берди. Бирок, эгерде алар чын жүрөктөрүнөн өкүнүшсө, анда алар кечиримге ээ болушат. Алар Кудай үйүнө кайрылып келишсе болот. Кудай аларды сөзсүз түрдө кабыл алат. Эстеп көрөбүз Эмне үчүн кичүү уулу чочколордун жеминен жегенге аргасыз болду? Ал үйгө кетиш керек деген чечимге келгенде туура нерсени тандады беле же жокпу? Атасы өзүнүн адашып кеткен уулун кандай тосуп алды? Бул аңгемедеги ата кимге окшош? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Сага өз күнөөңдү моюнга алуу кыйын болгон учурлар болобу? Сенин туугандарың бири-бирин кечиргендигин кандай жол менен билдиришет? Силер чогуу сыйынып же бири-бириңерди кучактай аласыңарбы? Туура тандаганды үйрөн Кимдир-бирөө менен жашынмак ойноп көр, анан жашынган адамды ар бир таап алганың сайын өз кучагыңа ал дагы, аны “үйгө” алып кел. Биз Кудайга өз иштерибиз тууралуу айтып бере алабыз жана Ал кайра эле бизди кечирет. Сыйынабыз Теңир, ар дайым биз күнөөкөр болгон кезибизде, кечирим сурай билгенге бизге жардам бер. Сен дайыма биздин сүйгөн Атабыз бойдон калганың үчүн Сага ыраазыбыз. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Бардык жактан издөө Марктан болгон Жакшы Кабар 18:12–14; Лукадан болгон Жакшы Кабар 15:3–7; Жакандан болгон Жакшы Кабар 10:11 КОЙЧУ ЖОГОЛУП КЕТКЕН КОЙДУ ӨЖӨРЛҮК МЕНЕН ИЗДЕДИ БЕЛЕ? ЖЕ АЛ АНЫ ТАШТАП САЛДЫ БЕЛЕ? Ыйса көп койлору бар болгон койчу тууралуу дагы бир үлгү насаат аңгемени айтып берди. Анын жыйырмадан ашык кою бар эле. Ал тургай, анын койлору элүүдөн да ашык болчу. Аңгемедеги койчунун койлору жүз эле! Ар күнү эртең менен койчу койлорун талаага жайчу. Алар талаадан чөп жеп, муздак суудан ичип, күндө оюн салып жана көлөкөдө жатып эс алышчу эле. Күн сайын кечинде койлор үйгө кайтып келишкенде койчу аларды санап, алардын бирөөсү да адашып кетпегендигин тактачу эле. Токсон жети, токсон сегиз, токсон тогуз, жүз. Баары ордунда. Койчу короонун эшигин бекитчү, анан койлордун баары түнү бою толук коопсуздукта болор эле. Бир жолу кечинде койчу адаттагыдай эле койлорду санай баштады – токсон жети, токсон сегиз, токсон тогуз... Бирок, бул кандай? Жүзүнчү кой кайда? Акыркы кичинекей тентек козу кайда? Жоголуп кеттиби!? Мүмкүн ал, тикенектүү бадалдардан чыга албай же үңкүрдөгү таштын жаракасына тыгылып калдыбы? Мүмкүн, ал жаракат алып калгандыктан баса албай жаткандыр. Ошентип, эми бул жерден койчу маанилүү нерсени тандашы керек болчу. Ал коюу караңгылыкта коюн издеп жөнөшү керек болчу. Ал аны тапмайынча издей берсе да болмок. Же ал үйүндө кала берсе да болмок. Анын короосунда токсон тогуз кою турду. Ошол эле кезде жоголгон козу мүмкүн өзү эле үйгө келгенди каалабагандыр. Койчу эмне кылды? Ал короодогу бардык койлор толук коопсуздукта короодо экендигине көзү жетти. Андан кийин ал чапанын жамынып алып, таягын колуна алып, жоголгон кичинекей койду издеп жөнөдү. Ал бийик дөбөгө чыкты. Ал козуну көрө албай койду. Ал бардык үңкүрлөрдү карап чыкты. Ал жактан да аны таба албай койду. Ал козусун арыктардын ичинен да издеди. Козу эч жерде жок. Акырында койчу тикенектүү бадалдар өскөн алыс жакка карай бет алды. Койчуга ошол жактан “Бе-е, бе-е” деген алсыз үн угулгандай болду. Ал тикенектүү бадалдарды жиреп өтүп жана ошол жерден өзүнүн козусун көрдү! Кең пейил койчу аны колуна алды да жана козуну көкүрөгүнө бекем кысып алды. Андан кийин козуну акырындык менен желкесине артып алып, аярлай басып, үйүн көздөй жөнөдү. Койчу үйгө кайтып келгенден кийин ал бүт досторун чакырды. Ал аларга: — Келип мени менен кошо кубангыла! Менин кичинекей козум жоголуп кетти эле, анан аны таап келдим. Короодогу башка кой-козулар да жоголгон козунун кайтып келгенине кубанышты. Аларды кубандырган нерсе койчу алардын ар бири үчүн камкордук көргөнү болду. Өзүн кең пейил Койчу деп атаган Ыйса биздин ар бирибизди ушул аңгемедеги койчу өз койлорун сүйгөндөй эле болуп сүйөт. Биздин арабыздан кимдир-бирөөбүздүн жоголуп кетишибизди Ыйса каалабайт. Ал биздин баарыбыздын Анын артынан ээрчип жүрүшүбүздү каалайт. Кең пейил Койчу болгон Ыйса ар бирибиздин Кудайдын үй-бүлөсүндөгү коопсуздукта болушубуз үчүн жардам бере алат. Эстеп көрөбүз Койчунун канча кою бар болчу? Бир күнү кечинде койлорун санап жаткан койчу эмнени байкап калды? Ал туура нерсени тандады беле же жокпу? Өзүнүн жоголгон козусун таап алганда койчу кандай сезимде болду? Кимди кең пейил Койчу деп айтышат? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Ыйса – сенин Койчуң. Аны сүйүп, Ага тил алчаак болуп жана Анын артынан ээрчигенди кантип үйрөнө аласың? Туура тандаганды үйрөн Жашынмакты башкача кылып да ойноп көрсө болот. Сен өзүңдү кең пейил койчу тууралуу айтылган аңгемедеги кичинекей козу кылып элестетип, анан койчу сенин үнүңдү таап алсын үчүн акырын маараган үн чыгарып көрсөң да болот. Биз Аны сүйүп жана Ага тил алчаак болууга үйрөнгөн кезибизде кең пейил Койчубуз Ыйсанын артынан ээрчип жүрөбүз. Сыйынабыз Теңир, биз кең пейил Койчубуз болгон Ыйса үчүн Сага ыраазычылык билдиребиз. Сенин үй-бүлөңдө биз өзүбүздү толук коопсуздукта сезебиз. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. «Ыраазымын Сага, Ыйса!» Лукадан болгон Жакшы Кабар 17:11–19 ӨЗҮНҮН АЙЫГЫП КАЛГАНДЫГЫ ҮЧҮН ЭРКЕК КИШИ ЫЙСАГА ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРДИБИ? ЖЕ БОЛБОСО АЛ ӨЗҮНҮН ДОСТОРУ МЕНЕН ЧОГУУ ЧУРКАП КЕТИП КАЛДЫБЫ? Шаардан шаарга өтүп жүрүп Ыйса аларга карата болгон Кудайдын сүйүүсү тууралуу уккусу келген көптөгөн адамдарга жолукту. Ыйсаны көргүсү келген кээ бир адамдар оорудан азап чегип жүрүшкөн. Алар Ал ооруларды айыктыраары тууралуу билишкен. Бир жолу Ыйса пес оору менен ооруган он адамды кезиктирди. Мыйзам пес оорусу менен ооруган адамдардын таза адамдарга жакындоосуна тыюу салган. Эгерде пес оорусу менен ооруган киши таза адамга жакындай турган болсо, ал адамга өзүнүн оорусун жуктурган болмок. Ошондуктан мыйзамга ылайык, пес оорусу менен ооруган адамдар өз үй-бүлөсүнөн алыс, башка жакта жашашкан. Жолдо келе жаткан Ыйсаны көргөн пес оорулуу он адам Ага жакындаганга батынышкан жок. Алар башкалардан оолак туруштары керектигин билишкен. Бирок, алар Ыйсанын өздөрүн айыктырып коюшун ушунчалык каалашкан. Андыктан алар минтип катуу кыйкырышты: — Ыйса, суранабыз бизге жардам берчи! Ыйса бул адамдар Андан кандай жардам күтүп жатышкандыгын билген. Анан Ал аларга: — Үйүңөргө бара бергиле. Эми силер оорулуу эмессиңер, оорубайсыңар, — деди. Бакытка балкыгандыктан өздөрүн да унуткан мурдагы пес оорулуулар ордуларынан туруп атып жөнөштү. Алар өз үй-бүлөсүн кандай гана кубаныч менен көрүшөт эми! Алар жолдо чуркап баратышып бири-бирин карап коюшат. Алар өздөрүндөгү жаралар жок болуп кеткендигин көрүштү! Он кишинин бирөө күтүүсүз жерден токтоп калды. Анын достору чуркагандарын токтотпой баратышканда, ал жерге орнотуп койгондой болуп туруп калды. Ыйсанын аларда кылган керемети тууралуу ойлоо, аны ордунан жылдырбай кармап жатты. Ошентип, токтоп калган адам маанилүү нерсени тандашы керек болчу. Ал Ыйсага кайрылып келип, Ага ыраазычылык билдирсе да болот болчу. Ушундай кылганы туура болмок. Же болбосо, ал дагы айыгып калган башка тогуз кишидей болуп кете берсе да болмок. Калгандарынын баары чуркап кетип жатышса, ал эмнеге ордунда турат? Ал дагы өз үйүнө эртерээк барууну башкалардан азыраак каалап турган жери жок да. Анан ал адам эмне кылды? Ал мындан аркы өзүнүн жасала турган ар бир кадамын каталык деп эсептемек. Алдыга кадам шилтөөдөн мурда ал артка барып, Ыйсага ыраазычылык билдириши керек эле. Ошондуктан, пес оорудан айыккан киши, артка кайрылды да, Ыйса турган жакты көздөй чуркап жөнөдү. Ал Анын алдына тизелей чөк түшүп, өзүнүн айыккандыгы үчүн Ага ыраазычылык билдирди. Ал киши Кудайдын айыктыруучу күчүн даңктады. Ыйса андан: — Пес оорулуу адамдар он киши эмес беле? Мен айык-тырган калган тогуз киши кайда? — деп сурады. — Мага ыраазычылык айтуу үчүн бир гана сен келдиңби? — деди. Башкалар өз үйлөрүнө чуркап кетишкендигин ал киши билип турса да, эч нерсе деп жооп берген жок. Ал болгону Ыйсага ыраазычылык билдиргени кайрылып келгендиги үчүн кубанып турду. Ыйса ал адамга карап жылмайып туруп, мындай деп айтты: — Тур, тизелебей. Сенин үй-бүлөңө бара турган убагың келди. Сен Менин сени айыктырып койгонго күчүм жетерине ишендиң, мына ошондуктан сен эми сопсоосуң. Ал киши ошентип үйүнө кетти. Ал кайрылып келгендиги үчүн жакындары абдан бактылуу болуп кубанышты. Ал дагы кайрадан үй-бүлөсү менен чогуу болгондугу үчүн кубанычта эле. Ыйса менен болгон жолугушуу ага кубанычты белек кылды! Эстеп көрөбүз Канча пес оорулуу адам бар болчу? Ыйса аларга кантип жардам берди? Эмне үчүн ал кишилердин бирөөсү токтоп калды? Ал киши туура нерсени тандады беле же жокпу? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Адамдар сага жардам беришкен кезде сен аларга эмне деп айтасың? Кудай сага кантип жардам берет? Ошондой учурда сен ыраазычылык катары кандай сөздөрдү колдоносуң? Туура тандаганды үйрөн Кудай бизге көптөгөн белектерди кылды? Бизде жакындарыбыз, туугандарыбыз, досторубуз, тамак-ашыбыз, кийим-кечебиз, үй жаныбарларыбыз, ден соолугубуз ж.б. бар. Сен алфавиттеги ар бир тамгага Кудайдын сага берген белектеринен бирден атап айтып бере аласыңбы? Сен күн сайын сыйынууда алардын бирөөсү үчүн Кудайга ыраазычылык билдире аласыңбы? Кудайга ыраазычылык билдирүүгө чечим кабыл алган ар бир адам бактылуу боло алат. Сыйынабыз Теңир, биз ооруган күндөрдө да, өзүбүздү жакшы сезип турган күндөрдө да Сен биз менен болгондугуң үчүн биз Сага ыраазачылык билдиребиз. Сен жиберген бардык нерсе үчүн ар дайым Сага ыраазычылык билдиргенге бизге жардам бере көр. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Куштарды көрүү Марктан болгон Жакшы Кабар 10:46–52 БАРТЫМЕЙ ЫЙСАНЫН АГА ЖАРДАМ БЕРЕРИНЕ ИШЕНДИ БЕЛЕ? ЖЕ АЛ АНЫ МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҮГӨ АРАКЕТТЕНИП ДА КОЙГОН ЖОК БЕЛЕ? Бартымей үйдө отурганды жактырчу эмес. Ал сыртка чыккан кезде жүзүн жел аймалап жатканын сезер эле. Ал куштардын сайраганын укчу. Жаңы бышып жаткан нандын жытын сезер эле. Бирок, Бартымей эч нерсени көрчү эмес, көрө алмак да эмес, анткени ал туулгандан эле эки көзү сокур болуп туулган эле. Күн бою ал жол боюнда отуруп алып кайыр сурап жүрчү. Ар бир адам өтүп бара жатканда ал тыйын сурап, кол созуп турчу. Бартымей үчүн бул күн көрүү үчүн болгон жалгыз гана жол болчу. Кээ бир жолоочулар азыраак берчү. Кээ бирөөлөр көп берчү. Ал эми кээ бирөөлөр болсо, эч нерсе бербей эле өтүп кетишчү. Анан эле бир жолу Бартымей ушундай бир кереметтүү жаңылыкты угуп калды. Ал Ыйса тууралуу укту. Ага Ыйса бардык адамдарды, ал тургай, туулгандан эле сокур болуп төрөлгөндөрдү да айыктырат экен деп айтышты. Бартымей абдан эле таң калды болуш керек. Ыйса деген ким болду экен? Ал анын көзүнүн көрүүсүнө жардам бере алабы? Анан бир жолу Бартымей адаттагыдай эле жол боюнда отурган болчу. Ал топтолушкан адамдардын сүйлөшүп жаткан үндөрүн угуп калды. Алар Ыйса тууралуу сүйлөшүп жатышыптыр. Ал бүгүн ушул жол аркылуу өтүшү керек экен! Мына, саламдашып жаткан үндөр угула баштады. Ыйса болсо Бартымей кайсы жерде отурган болсо, так ошол тарапты карай бара жатты! Ошентип, Бартымей маанилүү нерсени тандашы керек болчу. Ал Ыйсанын аны угарынан үмүттөнүп, үнүн катуу чыгарып кыйкырса да болмок. Ал Ыйса ага жардам берерине, ал тургай, айыктырып да коеруна ишенсе да болмок. Же болбосо, Бартымей мурдагыдай эле жол боюна отуруп алып, кайыр сураган жашоосун уланта берсе да болмок. Ошол күнү көчөдө адамдар абдан көп болчу жана ал көп тыйындарды чогулта алмак. Анын үстүнө, Ыйса чын эле аны айыктырабы же жокпу ал жагын билбейт эле. Бартымей эмне кылды? Ал мындай деп кыйкырды: — Ыйса! Мага ырайым кыл! Бирок сокур кишини чурулдаган адамдардын тобу курчап тургандыктан аны эч ким алдыга өткөргүсү келген жок. Тескерисинче, анын жанында турган адамдар, анын унчукпай турушун суранышты. Ошентсе да, Бартымей унчукпай калгысы келген жок, дагы кыйкырды: — Ыйса, мага ырайым кыл! Ыйса токтоп калды да, кыйкырып жаткан адамды Ага алып келүүнү буюрду. — Бар, — деп айтты кимдир-бирөө Бартымейге. — Ыйса сени көргүсү келип жатат. Кандай гана бакыт! Сокур киши ордунан тура калды да, топту жарып жөнөдү. Ал көз ачып жумганча эле Ыйсанын алдына жетип келди. Ыйса Бартымейден: — Сен эмнени каалайсың? — деп сурады. — Көргүм келет, — деди Бартымей. Ыйса жылмайып койду. — Сен Менин сени айыктырышыма ишендиң. Ошондуктан, Мен сага көрүү бактысын берем. Бартымей акырындык менен көзүн ачты. О керемет, ал көрүп калды! Бартымей эң эле биринчи Ыйсанын жылмаюусун көргөн болуш керек! Анан ал учуп жүргөн куштарды, асманда сүзүп жүргөндөй болгон булуттарды жана жолду көрдү. Ал топтолуп турган ар бир адамды карап көрүп жатты. Бартымей Ыйсаны ээрчип жөнөдү. Ал аны чакырганы үчүн абдан кубанычта эле. Эми ал кайда баратканын көрүп турат! Ыйса дагы Бартымей Анын айыктыруучу күчүнө ишенгендиги үчүн кубанып калды. Эстеп көрөбүз Бартымей Ыйсадан эмнени сурангысы келген болчу? Бартымей туура нерсени тандады беле же жокпу? Ыйса Бартымейге жардам бердиби? Бул айыгуу кимдерге кубаныч алып келди? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Сен өзүң үчүн жана өз досуң үчүн Ыйсадан эмнени сурагың келет? Ыйса дайыма адамдарга жардам берет, бирок ар кимге ар кандайча. Ал муну кандайча кылат? Сен начар көргөндөр үчүн, начар уккандар үчүн же төшөктө жаткандар үчүн эмнелерди кыла аласың? Туура тандаганды үйрөн Сен бир күндө бир нече жолу белги берип тура тургандай кылып коңгуроону орноштуруп кой. Ар бир жолу коңгуроо болгонун уккан сайын, Кудайга көргөнүң үчүн (же басып жүргөнүң үчүн, же уга алганың үчүн) ыраазычылык билдир. Биз Кудайга Ал биздин ден соолугубуз үчүн кам көрүшүбүзгө жардам бере алаары үчүн ыраазычылык билдирүү менен ишенсек болот. Сыйынабыз Теңир, биз Сага көзүбүздүн көргөнү үчүн, кулагыбыздын укканы үчүн, Сен бизге берген бардык нерселер үчүн ыраазачылык билдиребиз! Бизге өз ден соолугубуз үчүн кам көрүүгө чечим кабыл алышыбызга жардам бер. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. «Менин жанымда отур!» Лукадан болгон Жакшы кабар 10:38–42 МАРИЯ ЫЙСАНЫ УГУП КАЛДЫ БЕЛЕ? ЖЕ БОЛБОСО, АЛ ӨЗ ИШТЕРИ МЕНЕН АЛЕКТЕНЕ БЕРДИ БЕЛЕ? Бетания деген анчалык чоң эмес шаарда бардык аялдар кандайдыр бир жумуш менен алек болушчу: бирөөлөрү кудуктан суу ташып жатса, башкалары нан бышыруу үчүн жаргылчак тартып, ун чыгарып, дагы бирөөлөрү кирлерин жуушчу. Бир кичинекей үйдө жашашкан эки эже-сиңди кыздар да үй иштери менен алек болуп жүрүшкөн. Бирок, Мария менен Марта кирлерди жуушуп, нан жана бир нерселерди бышырышып, үйлөрдү жыйнаштырышып жүрүштү, анткени алар өздөрүнүн жалпы таанышы болгон Ыйсанын келишин күтүп жатышты! Көп өтпөй, үйдө баары таптаза болуп жаркырап жана отто түшкү тамак бышып жатты. Мына, Мария менен Мартаныкына Ыйса келип калды. Алар Анын жакын достору болушкандыктан, Ал алардыкында болгонду жактырчу. Ыйса отуруп алып Кудайдын сүйүүсү тууралуу айта баштады. Марта болсо бул учурда өзү кыла турган иштери тууралуу ойлонду. Ал мүмкүн тамакты бышырып бүтүшү керектир эле. Жок, ал мунун баарына жалгыз жетише албайт, Мариянын жардамы керек. Мария маанилүү нерсени тандашы керек болчу. Ал отуруп алып Кудайдын сүйүүсү тууралуу айтып жаткан Ыйсанын сөздөрүн уга берсе болмок. Ал абдан жакшы Устат, ошондуктан Марияга Аны уккан жакчу. Же болбосо, ал эжекеси менен чогуу үйдөгү иштер менен убаралана бериши керек эле. А Ыйса болсо, алар качан бошорун күтүп турууга аргасыз болмок. Мария эмне кылды? Ал Анын ар бир сөзүн угуп калуу үчүн Ыйсага жакыныраак жылып отурду. Ыйса ушунчалык кунт коюуп угуп жаткан адамды көргөнүнө жылмайып койду. Ал эми Марта жылмайганга да чамасы келбей жатты. Ал Ыйсага минтип айтты: — Менин али кыла турган иштерим көп болуп жатат, Марияга айтчы, мага жардам берсин. Ыйса болсо ага мындай деп жооп берди: — Марта, көңүлүң чөкпөсүн. Мария Кудайдын сүйүүсү тууралуу уккусу келип жатат. Мына ошол эң негизгиси. Ыйсада эже-сиңдинин экөөсүнө тең айтып бере турган толтура окуялар бар болчу, бирок Ал булардыкында болгону бир аз гана убакытка боло алат болчу. Ал Мартанын да Анын жанында отуруп, Кудайдын сүйүүсү тууралуу угуусун ушунчалык каалап турду! Эстеп көрөбүз Мария менен Марта кандай иштер менен алектенип жатышты? Ыйса алардын үйүнө келгенде эмне кылды? Марта Мариядан кандай жардам күтүп жатты эле? Мария туура нерсени тандады беле же жокпу? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Сен өзүңдү кунт кое уга алган угарманмын деп эсептей аласыңбы? Сен кантип дагы да көбүрөөк кунт кое алган боло аласың? Кудайдын сүйүүсүн кандай жолдор аркылуу билүүгө болот? (Кимдир-бирөө библиялык окуяларды окуйт, сен угуу менен; Ыйык Китептик тематикадагы фильмдерди жана телевизордон болгон программаларды көрүү менен; Ыйса тууралуу ырлардын тексттерин кунт кое тыңдоо менен ж.б.у.с.) Туура тандаганды үйрөн Кудай тууралуу сүйлөгөндү жакшы көргөн адамды тапкын да, андан Кудайдын сүйүүсү тууралуу сага айтып берүүсүн сурангын. Мүмкүн ал киши сенин атаң же энең, чоң атаң, чоң энең, досуң, багуучу кызматчың, же жекшембилик мектептеги мугалимиң болоттур. Алардын айтып бергендерин өтө кунт коюу менен угууга аракеттен. Биз Кудайдын сүйүүсү тууралуу айтып берип жаткандарды укканыбыз Кудайга жагат. Сыйынабыз Теңир, бизге кимдир-бирөөлөр Сен жана Сенин Уулуң Ыйса тууралуу айтып берип жаткан кезде кунт кое уга билгенге жардам бер. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Даракта Лукадан болгон Жакшы Кабар 19:1–10 ЗАКАЙ ЫЙСАНЫН АЛДЫНДА ӨЗ КАТАЛЫКТАРЫН МОЙНУНА АЛЫП, АЛАРДЫ ЖАСАГАНДЫГЫ ҮЧҮН ӨКҮНДҮ БЕЛЕ? ЖЕ АЛ ТУУРА ЭМЕС ИШТЕРИН УЛАНТЫП КЫЛА БЕРДИ БЕЛЕ? Анчалык чоң эмес бир шаарда Закай деген бай адам жашаган. Өзүнүн байлыгына карабастан, ал бактысыз адам болчу. Ал өзүнүн байлыгын алдамчылык жолдор менен кураган, анткени, ал элден салыкты мыйзамда талап кылынгандан көп өлчөмдө чогулткан. Артыкча акчалар анын чөнтөгүнө түшкөн. Адамдар Закайдын алардан акчаны сууруп алганын жактырышкан эмес, ошондуктан анын достору да жок болчу. Ал жалгыз эле. Бир жолу Закай алардын шаарына Ыйса келгендиги тууралуу угуп калды. Алгач ал бул жаңылыкка көңүл деле бурбаса керек. Анын көздөрү курч, ден соолугу чың болчу, андыктан ал Анын жардамына муктаж эмес болчу. Бирок, андан кийин Закай Ыйса ар бир адамдын досу болгонду каалары тууралуу ойлоду. Мүмкүн, канткен менен ага бул жаатында Ыйсаны карап көрүүгө болоттур. Закай Ыйса өтө турган жолго келди. Бирок шаардагы бардык адамдар дагы Ыйса менен жолугушууга чыкты! Адамдар ушунчалык көп болгондуктан, Закайга эч нерсе көрүнбөй калды – анткени анын бою абдан кичинекей болчу. Ал адамдардан алдыга өткөрүп койгула деп сурана да алган жок, анткени алардын баары аны жаман көрүшчү. Анан ушул жерден Закайдын акылына эң сонун бир ой келди. Эгерде ал ошол жолдун боюнда өсүп турган дарактын үстүнө чыгып ала турган болсочу? Закай мына ошондой кылды. Ал жалбырактары көп чоң бутакка чыгып алды. Эми ал бүт баарын көрүп жатты, бирок аны эч ким байкаган жок! Ыйса уламдан-улам жакындай берди. Закай Анын жүзүнөн абдан кең пейил экенин көрдү. Бирок Ыйса ал алдамчынын досу болгусу келеби же жокпу? Ыйса улам жакындап келе жатты, келе жатты... Ал так ошол Закай отурган дарактын түбүнө келип токтоду! Ал жогору жакты карап, бутактардын арасында отурган Закайды көрдү да, ага мындай деп айтты: — Ылдый түш. Бүгүн мен сенин үйүңө барам. Закайга буга ишенүү кыйын болду. Анын үйүнө досу гана келе алмак. Демек, Ыйса аны менен дос болууну каалайт экен да. Бирок, Закай арам жол менен чогултуп алган байлыкты кантет? Ошентип, Закай маанилүү нерсени тандашы керек болчу. Ал дарактын башынан түшүп, Ыйсаны өзүнүн үйүнө алып келсе деле болмок. Алар Ыйса экөө дос болуп калмак. Же болбосо, Закай Ыйса качан кетет деп күтүп турса да болмок. Баары кеткенден кийин өзү жалгыз өзүнүн бай жана кооз үйүнө кайтып келе берсе болмок. Закай кандай кылды? Тыйын чычкан сыяктуу болуп, дарактан секирип түшүп, анан Ыйсаны өз үйүнө алып келди. Ал жактан экөө сүйлөшө башташты. Ыйсанын жанында отуруп Закай өзүнүн алдамчылык менен чогулткан байлыгы үчүн уялып турду. Анан минтип айтты: — Мен өз байлыгымдын жарымын кедейлерге таратып берем. Ал эми көп салык алган адамдарга болсо, алардан алганымдан төрт эсе кылып кайтарып берем. Закай үчүн Ыйса менен болгон достошуу ал кайтарып бергиси келип жаткан бардык акчадан жогору турду. Ыйса жаңылган жок, Закай өзүнүн туура эмес кылган иштери үчүн өкүнүп калды. Закай акыры өз каталарын оңдогусу келип жаткандыгы үчүн Ыйса кубанды. Ыйса Закайга: — Мен сендей адамдарды таап жана аларга жардам бериш үчүн келдим. Эми сен Кудайдын куткарылган баласысың, — деди. Эстеп көрөбүз Закай кандай жол менен акча тапчу? Эмне үчүн ал дарактын башына чыгып алды эле? Ыйса Закайга эмне деп айтты? Закай туура нерсени тандады беле же жокпу? Ыйса анын үйүнө келгенден кийин Закай кандай болуп өзгөрүп калды? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Ыйса сенин дагы досуң болгусу келет. Эч качан кайра кайталабаганга Ал жардам бере ала турган сенин кайсы каталыктарың бар? Туура тандаганды үйрөн Үстөлдүн алдына кирип отуруп алып, ал жактан буттардан башка эч нерсе көрө албастыгыңа көзүң жетсин. Анан чыгып туруп, Закай дарактын үстүндө туруп карагандай болуп, отургучтун үстүнө чыккын да айланаңды карагын. Түшкү тамак маалында үстөлгө ашыкча тамак жечү жабдыктарды койгун да, сенин жаныңда Ыйса отурат деп элестет, анан Аны менен сүйлөшө башта. (Кудай чын эле сенин алдыңда экендигин ойлоп көрсөң!) Бизде каталыктарыбызды оңдоп жана аларды эч качан кайра кайталабаганга Ыйсадан жардам сураганга дайыма мүмкүнчүлүгүбүз бар. Сыйынабыз Теңир, Ыйса биздин ар бирибиздин досубуз болгусу келгендигин билүү кандай гана кубанычтуу. Мен бул үчүн __________ өкүнөм жана эми мындан ары туура нерселерди кылгым келет. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Ыйса үчүн белек Лукадан болгон Жакшы Кабар 7:36–50 АЯЛ ӨЗҮНДӨ БАЛГОН ЭҢ ЖАКШЫ НЕРСЕНИ ЫЙСАГА БЕЛЕК КЫЛЫП БЕРДИ БЕЛЕ? ЖЕ АЛ АНЫ ӨЗҮНӨ КАЛТЫРЫП КОЙДУ БЕЛЕ? Ыйса адатта өз достору менен чогуу түштөнчү. Алар сүйлөшүп, каткырып жана чогуу эс алышчу. Бир жолу Шымон деген белгилүү бир адам Ыйсаны өз үйүнө түштөнүүгө чакырат. Шымон өз үйүнө башка да көп адамдарды чакырат. Бирок, бир чакырылбаган аял да келген окшойт. Ал ушундай бир уяла турган иштерди кылган. Анын кантип жашаганын элдин баары билчү жана көпчүлүгү ал аялды сүйчү эмес. Бирок, аял Ыйса Кудайдын сүйүүсү тууралуу айтып берерин уккан болчу. Ал Ыйса аны сүйөрүнөн шектенген эмес. Ошондуктан, ал өзүндө болгон эң жакшы нерсени – жыпар жыттуу май куюлган идишти Ыйсага белек кылгысы келди. Ал Ыйсанын көп басарын билет болчу, анан ошол басып жүргөн мезгилинде албетте бут кийими Анын бутун өйкөйт болуш керек. Ал белек кылгысы келип жаткан май анын бутунун чарчаганын басмак. Ошентип, аял маанилүү нерсени тандашы керек болчу. Ал өз майын Ыйсанын бутуна куйса да болмок. Ал — аялдын Кудайдын кечиргендиги тууралуу жакшы кабары үчүн, өзүнө карата болгон Анын камкордугу үчүн, ыраазычылыгынын белгиси катары болмок. Же болбосо, ал жыпар жыттуу май куюлган идишти өзүнө калтырып койсо да болмок. Мүмкүн, Ыйса анын Ага жакындашын каалабай жаткандыр. Мүмкүн, Ал аны таптакыр эле сүйбөйттүр. Ал аял эмне кылды? Алгач ал жыпар жыттуу майды Ыйсанын бутуна куйду да, анан аны өзүнүн узун чачтары менен аарчып жатты. Жыпар жыттуу майдын жыты бүт бөлмөнү каптаганда көпчүлүгү карап калышты да, ал аялды көрүштү. Үйдүн кожоюну да чакырылбаган конокту көрдү. Ага бул аял кылган бардык күнөөкөр иштер белгилүү болгондуктан, ал бул аялдын күнөөлөрү тууралуу Ыйсага айтып берди. Ыйса Шымонго жооп катарында минтип айтты: — Сен Мени өз үйүңдө кабыл алып жатып эч нерсе кылган жоксуң. Сен Менин бутумду жуумак тургай, Мени тосуп кош кел деп айткан да жоксуң. Ал эми бул аял болсо, Мага карата болгон өзүнүн эбегейсиз сүйүүсүн жашырган жок. Андан кийин Ыйса күнөөкөр аялга карады. Ал дагы Ыйсанын көзүнө карады. Ооба, ал көздөрдө аялга болгон ченемсиз сүйүү бар болчу. Ооба, Ыйса өзүнүн алдында көптөгөн каталыктарды кетирген, күнөөкөр аял тургандыгын билген. Бирок ал дагы бир нерсени — ал башкача адам болуп, өз жашоосун өзгөрткүсү келгенин да түшүнгөн. Ал Кудайдын сүйүүсү жана кечирилгендиги тууралуу уккусу келип жатты. Аял ыйлап жиберди. Бирок, ал кайгынын эмес, кубанычтын көз жаштары эле. Ал Ыйсанын өзүн түшүнгөндүгү үчүн бактылуу эле. Ал Ыйса аны ушунчалык күчтүү сүйгөндүгү үчүн бактылуу эле. Ыйса ага мындай деген сөздөр менен кайрылды: — Сенин күнөөлөрүң кечирилди. Сен Мага ишенгендигиң үчүн, эми Кудайдын куткарылган баласы болуп калдың. Тынчтык менен бара бер. Аял өзүндө болгон эң жакшы нерсени Ыйсага белек кылгандыгы үчүн абдан кубанычта болду! Ыйса дагы анын күнөөлөрүн кечире алгандыгы үчүн кубанычта эле. Эстеп көрөбүз Эмне үчүн аял жыпар жыттуу майды Ыйсанын бутуна куйгусу келди эле? Ал туура нерсени тандады беле же жокпу? Аял анда болгон эң жакшы нерсени Ага белек кылгандан кийин Ыйса ага эмне деп айтты? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Сен берген белектердин ичинен кимисин эң бир өзгөчө деп эсептейсиң? Эмне үчүн сен ошону белек кылууну кааладың? Сен Ыйсага белек бере аласыңбы? Биз башка адамдарга белек кылуу менен, Ага белек кылган болоорубузду айтып жатат Ыйса! Качан сен Ыйсаны сүйөм деп айткан кезиңде, өзүңдүн туура эмес иштериң үчүн өкүнүп жатканыңды айтканыңда, Ал муну сенин Ага кылган белегиң катары кабыл алат. Туура тандаганды үйрөн Баракка кичинекей атыр куюлган идиштин сүрөтүн тартып жана ал идишке эки тамчы атырды тамчылатып кой. Андан кийин ошол сүрөттү кимдир-бирөөгө белек кылгын, ал киши сенин Ыйсаны кандай сүйөөрүңдү билгендей болсун. Адамдарга бирдемени белек кылуу — Ыйсаны биз кандай сүйөрүбүздү билдирүүнүн жакшы ыкмасы. Сыйынабыз Ыйса биз Сени сүйөбүз. Туура иштерди кылуу менен, биз Сени кандай сүйөөрүбүздү билдиришибизге бизге жардам бер. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Иерусалимде Матайдан болгон Жакшы Кабар 21:1–11, 14–16; Лукадан болгон Жакшы Кабар 19:29–40 ЫЙСАНЫН ШАКИРТТЕРИ АЛ ҮЧҮН ЭШЕКТИ АЛЫП КЕЛИШТИ БЕЛЕ? ЖЕ АЛАР ӨЗДӨРҮНҮН УСТАТЫ ИЕРУСАЛИМГЕ БАРБАЙ ЭЛЕ КОЮШУ КЕРЕК ДЕП ЭСЕПТЕШТИ БЕЛЕ? Ыйса Иерусалимден анчалык алыс эмес дөбөнүн жанында турду. Үч жылдын ичинде ал дээрлик бүт өлкөнү кыдырып чыкты. Ал кайда келбесин, бардык жерде топтолушкан элдер үйүлүшүп калышар эле. Адамдар Кудай аларды сүйөрүн уккусу келишчү. Ал эми, оорулардан азап тартып жүргөндөр Ыйса аларды айыктыруусун каалашкан. Ал эми жамандык кылгандар болсо, Андан кечирим алууну каалашкан. Көпчүлүгүнө Ыйсанын сөздөрү жана иштери жакчу. Кээ бир адамдар Аны өздөрүнүн падышасы кылып алгылары келет. Ошентсе да, Иерусалимде көптөгөн мыйзамчылар Ыйсаны сүйүшкөн эмес. Алар эгерде Ыйса падышачылык кыла турган болсо, бийликтеринен ажырап калабыз деп коркушкан. Ошондуктан, Аны ар кандай суроолор менен адаштыргысы келген. Ошентсе да, Ал аларга кантип жооп бергенди билген. Алар Аны мыйзамды бузуп жаткандыгы үчүн айыпташкысы келишкен, бирок, Ыйса дайыма туура иш кылган. Акыр-аягында алар Иерусалимге кайтып барып, Аны ошол жактан күтүп жана ага каршы бирдемени ойлоп табууну чечишти. Ыйса Анын жашоосунда жакын арада кайгылуу бир окуя болорун сезип турган. Бирок, Ал Иерусалимге барууга убакыт жеткендигин билген. Ошондуктан, Ал шаардан анчалык алыс эмес жерде токтоду да жана Өзүнүн эки шакиртине минтип айтты: — Мен силердин Иерусалимден алыс эмес жердеги кичинекей айылга барып жана ал жактан жаш, ургаачы эшекти табышыңарды каалайм. Анын жанында али эч ким минип көрө элек эшек бар. Ошону мага алып келгиле. Эгерде кимдир-бирөө бул эшекти силер эмне кыласыңар деп сурай турган болсо, бул биздин Устатыбызга керек деп айткыла. Ошентип, шакирттер маанилүү нерсени тандашы керек болчу. Алар айылга барып эшекти издеп жана Ал каалагандай аны Ыйсага алып келиштери керек болчу. Же болбосо, алар издемиш болуп туруп, анан аны таппай койдук деп коюшса да болмок. Алар Ыйсаны кармап, Анын Иерусалимге киришине тоскоолдук кылууга аракеттенишсе да болот болчу. Канткен менен, шаарда коопсуздук жок эле да. Ыйсанын шакирттери эмне кылды эле? Алар кичинекей жаш эшекти издеп айылды көздөй жөнөштү. Анын ээсине алар минтип айтышты: — Ал Теңирге керек. Анан шакирттер жаш эшекти Ыйсага алып келип беришти. Бийик дөбөдөн эшекке минген бойдон түшүп келген Ыйса Иерусалимдин дарбазасына жакындап келди. Адамдар Аны кубанычтуу кыйкырыктар менен тосуп алышты: — Осанна! Ыйса – биздин Падыша! Алар өз кийимдерин чечип эшектин астына — жолго төшөшүп, пальманын бутактары менен булгалап жатышты. Ыйса элдин кубанып жатканыны көргөнүнө кубанды. Ыйса шаарга киргенден кийин адамдарды айыктыра баштады. Топтолгон адамдардын чуру-чуусунун ичинен да Ал балдардын салтанаттуу түрдө кыйкырган кыйкырыктарын айырмалап билип жатты. Анан туруп эле Ыйсанын өңү кайгылуу болуп калды. Ал Аны ушунчалык жактырышпаган мыйзамчыларды көрдү. Ал жакын арада алар менен бетме-бет жолугушаарын билчү. Бирок, андай болгон да жакшы болмок, анткени Ал бул жер жүзүнө ошол үчүн келбеди беле. Эстеп көрөбүз Ыйса кайсы шаарга келди эле? Ал Өзүнүн эки шакирттеринен эмне тууралуу суранды эле? Шакирттер туура нерсени тандашты беле же жокпу? Эл Ыйсаны кантип тосуп алышты? Ыйса эмне үчүн кайгыра кетти эле? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Сага кээде маанисин өзүң түшүнбөгөн тапшырмаларды аткарууга туура келди беле? Өзүңдүн туура кылганыңды же туура эмес кылып жатканыңды сен кантип биле аласың? (Эгерде ошол кылган иштериң менен Кудайга жагып жатсаң, мисалы: жакшы иштерди кылсаң, ишенимиңди көргөзө алсаң, ата-энеңдин жана мугалимдериңдин тилин алсаң ж.б. анда туура иштерди кылып жаткан болосуң). Туура тандаганды үйрөн Сен өзүңдү Ыйсанын шакирттеринин биримин деп элестетип көр. Сен эшекти таап келип, анын үстүнө кийимдериңди жаап, анан пальманын бутактары менен булгалап, баары менен биргеликте Ыйсаны тосуп жатасың. Өзүңдүн мимикаларың менен эмне үчүн Ыйса өзүн кээ бир адамдар сүйбөгөн Иерусалим шаарына киргиси келип жатканын түшүнө албай жатканыңды көргөз. Биз эмне үчүн биздин ошол ишти кылышыбызды Кудай каалап жаткандыгын түшүнбөсөк да, Кудайдын буйруктарын аткарышыбыз керек. Сыйынабыз Теңир, дайыма эле бизге баары түшүнүктүү болуп жатпаган кезде дагы, туура иштерди кылганды каалайбыз. Кандай сүйөөрүбүздү билдиришибизге бизге жардам бер. Ыйсанын ысымынан биз Сенин бизге жардам беришиңди суранабыз. Оомийин. Болгону эки гана тыйын Лукадан болгон Жакшы Кабар 21:1–4 КЕДЕЙ АЯЛ ӨЗҮНҮН АКЧАСЫН КУДАЙДЫН ИШИНЕ БЕРДИ БЕЛЕ? ЖЕ АЛ АЛАРДЫ ӨЗҮНДӨ КАЛТЫРЫП КОЙДУ БЕЛЕ? Ийбадатканада туруп Ыйса ал жакка келген адамдарды карап, байкап турду. Алардын арасында карыялар да, жаштар да бар болчу. Эң сонун кийинишкен, манжаларына кымбат шакектерди тагып алышкан байлар да бар болчу. Ошондой эле, өтө жупуну кийинишкен, эч кандай жасалгасыз эле жүргөн кедейлер да бар эле. Бирок, ийбадатканага келгендердин баары Кудайды даңктап жатышты. Келген адамдардын баары өз лепталарын[1], башкача айтканда, Кудайдын ишине өз курмандыктарын берүүнү каалап жатышты. Ийбадатканада акчаны салып кое турган кумура идиш бар эле. Ошол күнү Ыйса ошол жерден анчалык алыс эмес жерде турган эле. Аны менен бирге Анын шакирттери да бар эле. Мына, алар бир нече бай адамдын курмандыктарын салуу үчүн кумуранын алдына келгенин көрүштү. Капчыктарын алып ачып туруп, алар бир нече тыйындарды кумурага салып жатышты. Ошентсе да, алардын капчыктарында дагы көптөгөн акчалар калып жатты. Мүмкүн өз тыйындарын салгычакты бай адамдар аларга кимдир-бирөө карап, көңүл буруп, көрсө экен деп күтүп турушкандыр. Бирөөлөр көңүл буруп калгандан кийин гана алар өз тыйындарын салып жатышткандыр: бир, эки, үч, төрт, беш, алты, жети, сегиз, тогуз, он! Ушундай жоомарттык менен кылынган курмандыкты көргөндөрдүн баары жылмайып калышкан. Байлар да ыраазы боло жылмайышкан. Алардын капчыктарында дагы көптөгөн акчалар калды. Ошондуктан, мындай курмандык кылуу аларга анчалык деле убаралуу болгон эмес. Андан кийин Ыйса жана Анын шакирттери ийбадатканга кирген жупуну кийинген кедей аялды көрүштү. Ал өз капчыгын ачып көрүп, тыйындарын санады: бир, эки. Болгону эки гана лепта, анда болгону ушул гана болчу. Ошентип, кедей аял маанилүү нерсени тандашы керек болчу. Ал эки тыйынын кумурага салып, Кудай үчүн курмандык кылса да болот болчу. Андан кийин гана Кудай ал үчүн кам көрөрүнө ишенсе болот болчу. Же болбосо ал, акыркы тыйындарын капчыгында калтырып эле коюп, кийинчерээк эле иштетсе да болмок. Анан ошентип, аял эмне кылды? Ал кумуранын алдына келип, бай адамдарга окшоп эки жагын караган деле жок. Ал ага кимдир-бирөөлөрдүн карап калышын да күткөн жок, тездик менен эки тыйынды кумурага сала койду. Бирок, болбой эле ага бир Адам карап калды. Ал Ыйса болчу! Ал Өз шакирттерине бул кедей аялдын Кудайга курмандык кылганын айтып берди. Ал аялдын эч нерсеге турбагандай болгон, аз гана курмандыгы байлардын жоомарттык менен кылган курмандыгынан өйдө деп айтты. Ыйсанын эмне үчүн ушинтип айткандыгына шакирттери таң калып турушту. Ал анан түшүндүрүп берди: бай адамдар өз акчаларынын аз гана бөлүгүн курмандык кылышты. Ал эми, кедей аял болсо, Кудайды ушунчалык сүйгөндүктөн, колунда болгондун баарын берди. Андыктан, анын салымы бир топ жогору турат. Кудайга аялдын Кудайдын ишине кылган курмандыгы жагымдуу болду. Албетте, анан Кудай ал үчүн кам көрөт. Ал дагы анын болгон ошол акчасы Кудайдын иштерине сарпталарына ыраазы болду. Албетте, ал аял өзүнүн туура кылып жатканын билген, анан ошол нерсе аны бактылуу кылып жатты. Эстеп көрөбүз Эмне үчүн ийбадатканага кумура коюлуп коюлган болчу? Эмне үчүн бай адамдар ага тыйындарды салып жатышып жылмайышкан? Өзүндөгү эки лептаны курмандыкка бергенден кийин, кедей аялдын өзүндө эмне калган? Кедей аял туура нерсени тандады беле же жокпу? Эмне үчүн анын бергени байлардын бергенинен көп болуп эсептелет? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Өзүңдүн жеке акчаңа сен эмне сатып алганды кааладың эле? Эң биринчи Кудайдын иштерине курмандык кылаарыңа ишене аласыңбы? Сен Кудайга акчадан башка эмнени сунуш кыла аласың? Туура тандаганды үйрөн Өз акчаңды сен кандай жол менен иштеп тапкың келет, мисалы: короодогу кандайдыр бир иштерди жасоо аркылуубу же үйдө кандайдыр бир нерселерди жасоо жолу мененби? Андан кийин сен иштеп тапкан акчаңдын баарын Кудайдын ишине – жыйынга, миссионердик иштерге, кайрымдуулук иштерине ж.б. берем деген чечим кабыл ал. Ошолорду жасап жатып сен эмнелерди сезесиң? Биздин колубуздан келген бардык нерсебизди Кудайдын иштерине сарптаганыбыз Ага жагат. Сыйынабыз Теңир, биздин тартууларды жоомарттык менен берүүбүзгө жардам бер, анткени биз Сенден абдан көптү алып жатабыз! Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Ким малай болуп эсептелет? Лукадан болгон Жакшы Кабар 22:7–13; Жакандан болгон Жакшы Кабар 13:1–17 ЫЙСА АДАМДАРГА КЫЗМАТ КЫЛДЫ БЕЛЕ? ЖЕ АЛ АДАМДАРДЫН АГА КЫЗМАТ КЫЛУУЛАРЫН ТАЛАП КЫЛДЫ БЕЛЕ? Бүт жума бою Ыйса Иерусалимдин көчөлөрүндө же ийбадатканада кызмат кылган. Адамдардын тобу Аны угуу үчүн агылып келе жатышты. Кээ бир адамдар ал тургай, Ыйса алардын падышасы болуп калышын каалашкан. Бирок, бийликте тургандардын көпчүлүгү Ыйсаны жактырышкан эмес. Алар андан кантип кутулуунун планын түзүшкөн. Бир жолу Ыйса Өзүнүн жардамчылары Петир менен Жакандан Ал үчүн үйдүн жогорку кабатынан бөлмө даярдоону суранган. Ал жерде Ыйса Өзүнүн шакирттери үчүн өзгөчө болгон кечки тамакты уюштуруп жана алар менен чогуу Өзү да өзгөчө тамакты жегиси келген. Бул кечки тамак Муса тууралуу жана Кудайдын элинин Мисирден чыгуусун эске салмак. Кечинде шакирттердин баары бөлмөгө чогулушту. Алар абдан чарчап жана ачка болушкан көрүнөт, андыктан дароо эле тамакка киришишти. Алар тамак жеп жатышканда Ыйса бут жууй турган чылапчын менен таза сүлгүнү карады. Ал убактарда адамдар кайыш менен бутка таңып кийилген бут кийимдерди кийип жүрүшкөндүгүн айтып коюу керек. Ошондуктан, кир жана чаң жолдор менен басканда алардын буттары да кир болуп калчу. Буттарды жууп берүү башчылардын же устаттардын эмес, малайлардын жумушу болчу. Ыйса бул тууралуу билчү. Ошентип, Ал маанилүү нерсени тандашы керек болчу. Ыйса Өзү шакирттердин буттарын жууп жана муну менен башка адамдарга кызмат кылуу кандай болоорун шакирттерине көргөзүшү керек болчу. Шакирттер Ал аларга кызмат кылыш үчүн келгендигин жана алар да бири-бирине ушинтип кызмат кылыштарын каалагандыгын түшүнүштөрү керек болчу. Же болбосо, Ыйса малайларга бөлмөдө ким болсо, ошонун баарысынын буттарын жууп чыгууну буйруп койсо да болот болчу, анткени адатта малайлар ошондой иштерди аткарышчу. Же болбосо, Ал шакирттерине адамдарга кантип кызмат кылуу жөнүндө жана алар кең пейил кызматчы болуулары жөнүндө айтып берсе да болмок. Ыйса эмне кылды? Ал тышкы кийимин жана бут кийимин чечти. Анан Ал чылапчынды бутту жууй турган сууга толтуруп жана белине чоң сүлгүнү курчанды. Ал Өзүнүн бир шакиртинин алдында тизелеп туруп жана анын бутун жууй баштады. Ыйса бир шакиртинен экинчи шакиртине өтүп буттарын жууй баштады. Акыр-аягында Ал Петирге келди, ал Устатка: — Жок! Сен ушундай кир жумушту кылбашың керек, — деди. Петир бул жумуш Ыйсага кандай маанини берерин ойлонгон жок. Бирок, Ыйса Петирге минтип айтты: — Эгерде сен Менин жардамчым болгуң келсе, баарынан мурда Менин сага жардам беришиме мүмкүнчүлүк беришиң керек. Ошондон кийин Петир каршылык кылганын койду. Ыйса Өзүнүн шакирттеринин баарынын буттарын жууп болгондон кийин кайрадан тышкы кийимин кийди да, алардын катарынан орун алды. Ал минтип айтты: — Силер азыр эле башка адамдарга кызмат кылуу деген эмне экендигин көрдүңөр. Мен силердин кулуңардын ролуна кирдим. Мен силерге милдеттүү катары, парызды аткарып коюу катары эмес, силерди сүйгөндүгүмдөн жана силерге кызмат кылгым келгендиктен кызмат кылдым. Мен кылгандай кылгыла жана бири-бириңерге, ошондой эле башка адамдарга да кызмат кылгыла. Ыйса Өзүнүн шакирттерине адамдарга кантип кызмат кылууну көрсөткөндүгү үчүн Кудай ыраазы болду. Ошондой эле, Кудай башка адамдарга кызмат кылуу менен Анын шакирттери өз бактыларын табаарын билген. Эстеп көрөбүз Эмне үчүн кечки тамак мезгилинде шакирттер өзгөчө тамакты жешкен? Өзүнүн шакирттерине кызмат кылуу үчүн Ыйса эмне кылды? Ыйса туура нерсени тандады беле же жокпу? Ыйса Өзүнүн шакирттерине кызмат кылуу менен аларга эмнени үйрөттү? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Өзүңдүн үйүңдө, жыйында, мектепте сен кандай милдеттерди аткарасың? Сен кимдир-бирөөгө кир жумуштарды аткарууда жардам бересиңби? Сен башка адамдарга кызмат кылып жатканыңда өзүңдү ким менен салыштырасың? Туура тандаганды үйрөн Мүмкүн, биздин буттарыбызды ошол мезгилдегидей болуп кир жана чаң тез каптабайттыр. Бирок, колдорубуз абдан тез булганат. Сенин үй-бүлө мүчөлөрүң кезек менен бири-биринин колдорун жууп бериштерин суран. Башка адамдарга кызмат кылуу ар бир адамды бактылуу кылат! Сыйынабыз Теңир, бизге көрсөткөн ар кандай жардамың үчүн биз Сага ыраазыбыз. Биз адамдарга дагы да кантип жакшыраак кызмат кылып жана жардам берсек болорлугун бизге көргөзүп бер. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. «Ойгонгула!» Марктан болгон Жакшы Кабар 14:26, 32–42 ЫЙСАНЫН ШАКИРТТЕРИ ГЕТСЕМАНИ БАГЫНДА АНЫН ИШЕНИМДҮҮ ДОСТОРУ БОЛУП БЕРЕ АЛЫШТЫ БЕЛЕ? ЖЕ АЛАР ЫЙСАГА БИРГЕЛИКТЕ СЫЙЫНЫП ТУРУУНУН ОРДУНА УКТАП КАЛЫШТЫ БЕЛЕ? Кечки тамакты жеп бүтүшкөндөн кийин Ыйса жана Анын шакирттери чогуу ырдашты. Андан кийин алар үйдүн жогорку кабатындагы бөлмөнү ташташты да Гетсемани багына кетишти. Ыйса ушул тынч жерде сыйынгысы келген. Ал Анын алдында оор сыноо күтүп турганын билген. Ал бул тууралуу Кудай менен сүйлөшкүсү келген жана эң мыкты достору Аны сыйынууда колдоп турууларын каалаган. Гетсемани багына бара жаткан жолдо Ыйса Аны алдыда эмне күтүп тургандыгы тууралуу бир нече жолу шакирттерине айткан. Бирок, алар ишенишкен эмес. Алардын Устатына кимдир-бирөө зыян келтире алмак беле? Алар эч качан буга жол беришпейт! — Ыйса жанына Өзүнүн эң бир ишенимдүү болгон достору – Петир, Жакып жана Жаканды алды да, калган шакирттерин бактын жанына калтырып койду. Ыйса аларга: — Менин жүрөгүм кайгыга толду. Ушул жерде калгыла да, сергек болгула, Мен бактын ички жагына барып сыйынып жатканда силер уктап калбагыла, — деди. Шакирттери сергек болуу аларга канчалык зарыл экендигин билиштери керек болчу. Ыйса бакта сыйынып жаткан кезде Аны колдоп сыйынып туруу ушунчалык маанилүү болчу. Ошентип, шакирттер маанилүү нерсени тандоолору керек эле. Алар Ыйсанын суранычын аткарып, уйку менен күрөшүүлөрү керек болчу. Алар жакын арада кандай кайгылуу окуя болоорун билишпесе да, сыйынышса болмок. Же болбосо, Ыйсанын шакирттери өз каалоолоруна багынышып, уктап калышса да болмок. Анын үстүнө алар жакында эле кечки тамакты ичишпедиби, уктаар маал келип деле калган болчу. Чынында эле, алардын Устаты менен бакта эмне жамандык болушу мүмкүн? Көп өтпөй Ыйсанын бардык шакирттерин, ал тургай, эң бир ишенимдүүлөрүн да уйку басты. Алар уктап жатышкан кезде Ыйса Өзүнүн Асмандагы Атасы менен, Кудай менен сүйлөшүп жатты. Ал Андан жалынып суранды: — Мүмкүн болсо, алдыда күтүп турган кайгыдан Мени куткарчы. Мен алардан качып кетүүнү кааламакмын, бирок Сенин Мага буюрганыңды аткарамын. Ыйса эки жолу Өзүнүн шакирттерине келди. Бирок, келген сайын алардын уктап жаткан жеринен чыгып жатты. — Силер уктап жатасыңарбы? — деп сурады Ыйса. — Кантип эле силердин сергек болуп жана сыйынууга алыңар келбей жатат? Качан Ыйса үчүнү жолу шакирттеринин алдына келгенде, таңдын атышына али эрте болсо да, алар ойгонушту. Алар бактын ичине Ыйсаны издеп жүргөн адамдардын тобу пайда болгонун көрүштү. Эркек кишилер колдоруна шаманаларды, чырактарды көтөрүшүп жана курч кылычтар менен узун найзаларды кармап алышыптыр. Адамдардын топтолушкан тобу алардын жанынан өтүп кетишкенден кийин шакирттердин уйкусу биротоло ачылды. Бул узакка созулган уйкусуз түндөрдүн башталышы эле. Шакирттердин сергек болуп жана сыйынып турушпагандыгы үчүн Кудай капаланды. Кудай алар Анын Уулунун суранычын аткарууларын каалаган. Ошенткен менен, чырак көтөргөн эркектер Аны алып кетип жатышканда Ыйсанын жардамчысы Кудай болду. Анан албетте, ошол түн бою Кудай Ыйса менен бирге болду. Эстеп көрөбүз Ыйсанын шакирттери кечки тамактан кийин кайда жөнөштү? Ыйса Өзүнүн шакирттеринен эмнени күттү эле? Ыйса менен бактын ичине чейин кимдер барды эле? Ыйсанын шакирттери туура нерсени тандашты беле же жокпу? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Эгерде сага жардам керек болуп калса, кимге ишене аласың? Башкалар сага ишене алышабы? Качан Ыйса сенин жардамыңа ишенип жаткан кезде сен Анын суранычын аткара аласыңбы? Туура тандаганды үйрөн Сен Ага арнай турган иштердин тизмесин түзүүгө Ыйса сага жардам берсин үчүн, сен Андан суранып көр. Эмнени белгилеп койгон болсоң, ошонун баарын бир жуманын ичинде аткарууга аракеттен. Мүмкүн сен, Ыйсага Аны канчалык күчтүү сүйөрүң тууралуу айтып береттирсиң. Мүмкүн сен, Анын достору үчүн кандайдыр-бир жакшы иш кыла алаттырсың. Күн сайын уктаганга баратып, эртең эмнелерди кылуу керектиги тууралуу ойлонуп көр! Ыйса бизден эмне кылышыбызды күтүп турганын билип турганыбызда, биз эч качан чарчабашыбыз керек. Сыйынабыз Теңир, бизге Ыйса тапшырган ишти эч качан таштабаганга бизге жардам бер. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Оттун жанында Лукадан болгон Жакшы Кабар 22:54–62; Жакандан болгон Жакшы Кабар 13:37–38; 18:10–11, 15–18, 25–27 ЫЙСАНЫН ДОСУМУН ДЕП АЙТКАНГА ПЕТИРДИН КҮЧҮ ЖЕТТИБИ? ЖЕ АЛ АНЫ ТААНЫБАГАНДАЙ ТҮР КӨРСӨТТҮ БЕЛЕ? Петир өз Устатын абдан сүйгөн жана дайыма Аны кунт кое уга билген шакирттердин бири болчу. Ыйса Петир Аны сүйөрүн билчү жана Ал ошондой эле Петир кайраттуу адам болбогондугун да билчү. Шакирттер менен жейилген өзгөчө кечки тамактан кийин Ыйса Петирди: — Короз чакырганга чейин сен Менден үч жолу баш тартып кетесиң, — деп айткан болчу. Устатынын сөзүнө аң — таң калган Петир: — Жок! Мен эч качан андай кылбаймын! — деп кыйкырып жиберген болчу. Петир өзүн кайраттуумун деп эсептеген. Ал эч качан өзүнүн мыкты Досунан баш тартып кетпейм дегенге ишенимдүү эле. Гетсемани багында шамана кармаган адамдар пайда болгон кезде Петир өз кайраттуулугун көргөзгүсү келип, ал адамдардын бирин өлтүрүп салгысы келип, бирөөсүнүн колундагы кылычын жулуп алган эле. Бирок, Ыйса андан муну күткөн эмес болчу. Шакирттер бактан кеткенден бир топтон кийин Петир Ыйсаны табууну чечти. Ошондуктан, ал жанында анын Устаты турган үйдүн короосуна карай жөнөдү. Түн суук болгондуктан короодо от күйүп турган. Оттун айланасында адамдар жылынып, бир нерселерди сүйлөшүп турушкан болчу. Петир алардын жанына келди. Күтүүсүз жерден эле кызматчы аялдардын бири андан: — Сен Ыйсанын шакирти эмессиңби? — деп сурады. Ошентип, Петир маанилүү нерсени тандашы керке болчу. Ал кызматчы аялга жана оттун айланасында турган бардык адамдарга чыныда эле Ыйсанын шакирти экендигин айтса да болмок. Бирок, андай болгон кезде ага жагымсыз кырдаал түзүлмөк. Кимдир-бирөө мүмкүн аны өлтүрүүгө аракет кылышы да мүмкүн болчу. Же болбосо, Петир Ыйсаны билбейм деп айтып койсо да болмок. Ошондо ал коопсуздукта болмок. Анын үстүнө Ыйса анын алдап койгондугу тууралуу эч качан билмек да эмес. Мына андан ары эмне болду? Петир коркуп кеткендиктен, калп айтты. Ал кызматчы аялга: — Жок, мен Анын шакирти эмесмин, — деди. Петир жылынууну уланта берди. Анан дагы бирөө андан: — Сен Ыйсанын шакирти эмессиңби? — деп сурады. Андан кийин дагы бир киши байкап калып: — Мен сенин Ыйса менен жүргөнүңдү өз көзүм менен көргөнмүн, — деди. Үчүнчү жолу да Петир: — Жок! Мен аны таптакыр тааныбайм, — деп жооп берди. Анан ошол замат короз чакырды. Петир дароо Ыйсанын сөзүн эстеди. Устат кандай айткан болсо, баары ошондой болуп чыкты. Петир Андан үч жолу баш тартты. Кийинчерээк Ыйса Петирге караганда, ал Анын көз карашына туруштук бере албады. Петир эч качан өзүн азыркыдай жаман сезген эмес. Ал чапаны менен көзүн жаап алып, көз жашка жуунуп, өзүнүн Устатынан алыс качып кетет. Ыйсага да жаман болду, бирок Ал күндөрдүн бир күнүндө Петир менен сүйлөшөрүн билген. Анан ал Ыйса аны мурдагысындай эле сүйөрүн билет. Петир анан чындап кайраттуу, күчтүү адам болгонду үйрөнөт. Эстеп көрөбүз Ыйсанын сөзү боюнча короз үч жолу чакырганга чейин Петир эмне кылышы керек болчу? Петир Ыйсадан канча жолу баш тартты? Ыйсадан баш тартканда Петир кандай сезимде болду? Петир туура нерсени тандады беле же жокпу? Ыйса эмнени сезди? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Эгерде сен өзүңдү Ыйсанын досумун деп айтканыңда башкалар шылдыңдашса, сен өзүңдү кандай сезмексиң? Сен Ыйсадан чындыкты жашырбашыңа жардам беришин сурана аласыңбы? Туура тандаганды үйрөн Караңгы болгондо жарыкты өчүрүп туруп, чөнтөк фонарчаңды күйгүзүп көр. Анан анын жарыгында манжаларыңды кыймылдатып көр. Бул жалмаңдаган жалындын тилдерине окшош болот. Бул “от” сага Петир кылгандай кылбаш керектигин эскертип турган болсун. Анын каталыгын эч качан кайталабаганга аракеттен. Биз Ыйса менен дос экендигибизди адамдарга айтуудан эч качан коркпошубуз керек. Сыйынабыз Теңир, бардык кемчилдиктерибизге карабастан, бизди сүйгөндүгүң үчүн биз Сага ыраазыбыз. Бизге Ыйсанын досу экендигибизди айткандан коркпогонго күч бер, жардам бер. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. «Ал Кудайдын Уулу!» Матайдан болгон Жакшы Кабар 27:22–66; Лукадан болгон Жакшы Кабар 23:44–49; Жакандан болгон Жакшы Кабар 19:1–30 РИМДИК ЖҮЗ БАШЫ ЫЙСА — КУДАЙДЫН УУЛУ ЭКЕНДИГИНЕ ИШЕНДИ БЕЛЕ? ЖЕ БОЛБОСО, АЛ ЫЙСАНЫ КАДИМКИ ЭЛЕ АДАМ ДЕП ЭСЕПТЕДИ БЕЛЕ? Римдик башкаруучу Ыйса эч кандай кылмыш кылбагандыгын билчү. Бирок, ал топтолгон элдин: “Аны кадап сал!” деген кыйкырыктарын угуп жатты. Адамдар Ыйсанын Кудайдын Уулу экендигине ишенишкен эмес. Ошондуктан, алар Аны өлүмгө берип, айкашкан жыгачка кадап салгылары келген. Эгерде ал Ыйсаны бошотуп жибере турган болсо, эл ичинде толкундоо болуп кете тургандыгын башкаруучу билген. Ошондуктан, ал Аны римдик аскерлердин колуна салып берди. Алар Ыйса менен абдан катуу мамиледе болушту. Алар Аны шылдыңдашып, сабашкан. Анан алар Ыйсанын башына тикенектен жасалган таажыны кийгизишип жана Аны шаардан анчалык алыс эмес жердеги дөбөгө барууга мажбурлашкан. Ал жерден Аны эки жоон жыгачты айкаштырып жасаган айкашка кадап салышты. Ыйса аскерлерге мунун баарын жасаганга мүмкүнчүлүк берди. Ал Аны айкашкан жыгачка кадап салышарын билген, анткени Кудайдын ою ушундай болчу. Кудайдын Уулу бардык адамдардын жасаган күнөөсү үчүн жазаланышы керек болчу. Рим аскерлери Ыйсанын үстүнөн шылдыңдоону уланта беришти. Алар Аны “Жүйүттөрдүн Падышасы” деп аташып, анан анын чапанын бөлүп алыш үчүн чүчүкулак кармашкан. Ыйсаны кадап жаткан айкаштын жанында Анын энеси — Мария жана бир нече аялдар турушкан. Анын эң жакын шакирттеринин бири – Жакан да турган. Алардын баарына Ыйсанын айкашкан жыгачта кадалып тургандыгын көрүү абдан кыйын болгон. Анан эле чак түш учурунда күн капкара болуп тутулуп калды. Ыйса Өзүн мурда болуп көрбөгөндөй жалгыз сезди, Кудайга карап кыйкырып кайрылды. Ал оорудан жана чаңкагандыктан азап тартып турду. Кечке маал Ыйса катуу кыйкырды: — Аткарылды! Ал өлгөн кезде жер солк этип кетти. Бул солк этүүдөн элдерде коркунуч пайда болду. Өлтүрүүлөрдү ишке ашырган римдик жүз башы күнү бою Ыйсаны байкап карап жүрдү. Ал Ыйсанын Ким болгондугун билген эмес, бирок ошентсе да, анын көз алдында адаттагыдан башкача бир нерселердин болгондугун ишенимдүүлүк менен айта алмак. Ошентип, римдик жүз башы маанилүү нерсени тандашы керек болчу. Ал Ыйса чынында эле Кудайдын Уулу болгондугуна ишенип жана аны ишенимдүүлүк менен башкаларга да айтса болот болчу. Же болбосо, ал унчукпай гана өз көз алдында болгон нерселердин бүт баарын унутуп койсо да болмок. Абдан эле кеч болуп калгандыктан, ал бүгүн болгон окуялардын бүт баары тууралуу эртең жакшылап ойлоном десе да болмок. Жүз башы эмне кылды? Ал башын көтөрүп туруп, айкаш жыгачка карап жана катуу күрсүнүү менен: — Чынында эле, Ыйса Кудайдын Уулу ! — деп айтты. Ариматиялык Жусуп деген боорукер, кең пейил адам Ыйсанын денесин айкаштан түшүрүп алып жана бак ичиндеги кичинекей үңкүргө алып барып койду. Анын кире бериш жерин ал чоң таш менен жаап бекитип койду. Анан аскерлер келишти. Аларды Ыйсанын денесин эч ким уурдап кетпесин деп, үңкүрдү кайтартып койду. Өлтүрүүнү ишке ашырган жүз башы болуп өткөн окуялардын бардыгы үчүн абдан кейиген өңдүү. Кудай да кайгырды. Бирок, Ал Ыйса үңкүрдө жатып кала бербестигин билген! Кудай жүз башы Кимге ишенгендигин билген. Ал Кудайдын Уулуна ишенген. Кудай жүз башы Кимге ишенгендигин айтканына кубанды. Эстеп көрөбүз Эмне үчүн элдер Ыйсанын өлүмүн талап кылышты эле? Күндүзү адаттан тышкары болгон кандай көрүнүштөр болуп өттү эле? Римдик жүз башы Ыйса тууралуу эмне деп айтты эле? Ал туура нерсени тандады беле же жокпу? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Кудайдын каалоосу бүт баары Анын Уулуна, Ыйса Машайакка ишенип калышы. Ыйса Кудайдын Уулу экендигин сен кайдан билдиң? Сен Ыйсанын сен үчүн өлгөнүнө ишенесиңби? Туура тандаганды үйрөн Айкашкан жыгачка кадалган адамдардын сүрөттөрүн тарт. Алар эмнелерди баштан кечиргенин көрсөтүп берүүгө аракеттен. Анан алардын жанында турган өзүңдүн сүрөтүңдү да тарт, сенин жүзүңдөн да эмнени сезип турганың билинип тургандай болсун. Ошол күнү сен Ыйсага эмне деп айтмаксың, ошол жөнүндө кимдир-бирөөгө айтып бер. Биз өз жашообузда кыла турган эң жакшы тандоо – бул Ыйса – Кудайдын Уулу экендигине ишенишибиз. Сыйынабыз Теңир, биз Ыйсага — Сенин Уулуңа ишене алганыбыз үчүн Сага ыраазычылык билдиребиз. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Таң эртең менен Матайдан болгон Жакшы Кабар 28:1–10; Лукадан болгон Жакшы Кабар 24:9–10; МАРИЯ ЖАНА АНЫН КУРБУЛАРЫ ЫЙСАНЫН ШАКИРТТЕРИНЕ ПЕРИШТЕНИН СӨЗҮН АЙТЫП БАРЫШТЫ БЕЛЕ? ЖЕ БОЛБОСО АЛАР ЖӨН ГАНА ҮЙ-ҮЙЛӨРҮНӨ ТАРАП КЕТИШТИ БЕЛЕ? Ошол күңү таң эртең менен Ыйсанын шакирттери жана Анын жардамчылары абдан кайгыга батып турушкан! Алар өз Устаты менен бейшемби күнү кечинде кечки тамакты жешкенден бери өтө көп убакыт өткөндөй болду. Эми шакирттер Ал алардан мурда болуп көрбөгөндөй жардам күтүп турган маалда Аны калтырып кетишкенин моюндарына алып турушту. Анан Ыйса жума күнү айкаш жыгачка кадалды. Эми алар өздөрүн жалгыз сезишип, коркуп да турушту. Ошол жекшемби күнү Ыйсанын жакын досу болгон Мария өтө эле эрте ойгонду. Ал шаша-буша кийинип жана себетке жыпар жыттуу майды салды. Анан ал бутунун учу менен басып көчөгө чыгып кетти. Ал жакта аны курбулары күтүп турган болчу. Алар менен бирге Мария Иерусалимдин дарбазаларынан сыртка чыгып кетти. Аялдар Ыйса үңкүрдө жаткан бакка карай багыт алышты. Алар Анын денесин жыпар жытуу май менен майлагылары келди. Жолдо бара жатышып аялдар үңкүрдүн оозундагы чоң ташты кантип жылдырышары тууралуу ойлонуп баратышты. Бирок, аларга мунун үстүнөн ойлонуп, баш чагуунун да кереги жок болуп калды. Күтүүсүздөн эле жер дирилдеп кеткендей болуп, канаттардын шуулдаган үнү угулгандай болуп жана периште пайда боло калды. Ал үңкүрдүн оозундагы ташты жылдырып койду да, анын үстүнө отуруп алды. Күзөтчүлөр абдан коркуп кетишкендиктен жерге кулап калышты да, өлгөн адамдардай болуп жатып калышты. Мария менен анын курбулары да коркуп кетишти. Бирок, периште аялдарды шыктандырып койду: — Коркпогула. Силер Ыйсаны издеп жүргөнүңөрдү билем. Силер акыркы жолу Анын өлгөнүн көргөнсүңөр. Бирок, эми Ал Өзү силерге айткандай, Ал кайрадан тирүү. Баргыла, барып өз көзүңөр менен көргүлө, Ал үңкүрдө жок. Анан Ал тирилгендигин Ыйсанын шакирттерине айтып баргыла. Алар Галилейге барышсын да, ошол жактан өз Устатын көрүшсүн. Мария менен анын курбулары чуркап баратышып, кайра токтоп калышты, алардын сөзүнө кимдир-бирөө ишенеби? Ошентип, аялдар маанилүү нерсени тандашы керек болчу. Алар Ыйса тирүү, алар Галилейде кайрадан Аны менен жолугуша алышат деп шакирттерине айтып барышса болмок. Же болбосо, аялдар баары бир шакирттер аларга ишенишпейт деп ойлоп, үй-үйлөрүнө тарап кетишсе да болмок. Аялдар эмне кылышты? Алар бир гана көз ирмемге токтоп калышкан эле, анан дароо ошол замат алардын алдында Ыйса пайда болду! Ал аларга: — Коркпогула. Барып, биз Галилеядан жолугаарыбызды башкаларына да айткыла, — деди. Эми аялдар шамалдан да батыраак чуркашты. Алар Петирге жана башка шакирттерге мунун баары чындык экендигин айтышты! Ыйса тирүү! Алар Аны менен Галилеяда жолугуша алышат. Кудай Анын Уулу Ыйса өлбөгөнү үчүн кубанды. Аялдар бош калган үңкүрдү көрүшүп, бул кубанычтуу кабар тууралуу шакирттерге айтып барышкандыгы үчүн Кудай кубанычта болду. Эстеп көрөбүз Аялдар кайсы маалда бакка келишти эле? Периште аларга эмне деп айтты? Аялдар туура нерсени тандашты беле же жокпу? Ыйсанын шакирттерине алар эмне тууралуу айтып беришти эле? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Сага чындык экендигине ишене албай тургандай деңгээлдеги, ушунчалык жагымдуу жаңылыкты угууга туура келген мезгилдер болду беле? Сен кимдир-бирөөгө ошондой жаңылыктарды айтып келген учуруң болду беле? Алардын ичинен эң бир сонуну — бул Ыйсанын тирилгендиги тууралуу жаңылык! Бул тууралуу сен кимдир-бирөөгө айтып бергенди каалайт белең? Туура тандаганды үйрөн Эртең менен эрте, жаңы эле таң агара баштаганда туруп Кудайды даңктайм деген чечим кабыл ал. Эгерде күн ысык болсо, анда өзүңдүн жакын адамдарың менен үйдөн чыгып, таза абада гимнди ырдап сыйынгыла. Биз башка адамдар менен бөлүшө турган эң бир жакыш кабар — бул Ыйсанын тирилгендиги тууралуу сүйүнчү. Сыйынабыз Теңир, Ыйса тирүү! Бул тууралуу билип калганыбыз үчүн биз ушунчалык ыраазыбыз. Биз бул кабарды бүт баары угушун каалайбыз. Биз Ыйсанын ысымынан сыйынабыз. Оомийин. «Мен көрүшүм керек» Жакандан болгон Жакшы Кабар 20:19–31 ТОМАС ЫЙСАНЫН ТИРИЛГЕНДИГИ ТУУРАЛУУ ӨЗҮНҮН ДОСТОРУНУН АЙТЫП БЕРГЕНДЕРИНЕ ИШЕНДИ БЕЛЕ? ЖЕ АЛ МУНУ ӨЗ КӨЗҮ МЕНЕН КӨРҮП ГАНА ИШЕНГИСИ КЕЛДИ БЕЛЕ? Ыйса чынында эле тирүүбү? Ыйса Анын шакирттеринин Анын тирилгенине ишенишин каалаган, анткени Ал тирилген күнү кечинде аларга келген болчу. Анын шакирттери кичинекей бир бөлмөгө кирип, аны ичинен бекитип алышкан болчу. Алар алиге чейин Ыйсаны кадап салышкандардан коркуп жатышкан эле. Эшикти эч ким ачпаганына карабастан, күтүүсүз жерден эле Устат алардын жанында туруп калды! Ыйса Өзүнүн шакирттерине: — Силерге тынчтык болсун, — деп айтты. Шакирттери Аны кайрадан көрүшкөндүгү үчүн абдан бактылуу болуп жатышты! Чын эле ошондой! Ооба, Ыйса тирүү! Ыйса келген кезде Томас деген шакирти жок болчу. — Биз Ыйсаны көрдүк! — дешип, достору ага сүйүнүчтүү кабарды айтышты. Алар Устат биз менен болду дешип, Ал айткан нерселерди Томаска да айтып беришти. Ошентип, Томас маанилүү нерсени тандашы керек болчу. Ал өзүнүн досторуна ишенип жана алардан укканына ишенип, Ыйсанын тирүү экендигине кубанса да болмок. Же болбосо, ал мындай жакшы жаңылыкка ишенбей койсо да болмок. Ал Ыйсаны көргөн жок да акыры анан албетте өз шектенүүлөрүн жок кылуу ага анчалык оңойго турбай жатты. Анан Томас эмне кылды? Ал мындай деп билдирди: — Мен Ыйсаны өз көзүм менен көрмөйүнчө, бул чындык экендигине ишенбеймин. Бир жума убакыт өткөндөн кийин шакирттер ошол эле кичинекей бөлмөдө кайрадан чогулушту. Бул жолу алар менен чогуу Томас да бар болчу. Анан кайра эле эшиктин жабык болгондугуна карабай, Ыйса кайрадан Өз шакирттеринин ортосунда туруп калды. Ал аларга кайрадан: — Силерге тынчтык болсун , — деди. Ыйса Томасты Өзүнө чакырып алыды да, Өзүнө карап эле койбостон, карамалап көрүүнү да сунуш кылды. Чынында эле, Устаттын тирүү экендигине Томас эми ишенип калды. Томас өзү көрмөйүнчө Ыйсанын тирүү экендигине ишенбей койгондугуна Кудай капаланды. Бирок, Кудай Томасты да сүйгөн, ошондуктан, анын акыры өз шектенүүсүн таштап, ишенгендигине кубанычта болду. Эстеп көрөбүз Шакирттерге Ыйса биринчи жолу келген кезинде алардын арасында кайсы шакирт жок болчу? Эмне үчүн Томаска Ыйсанын тирүү экендигине ишенүү кыйын болду? Томас туура нерсени тандады беле же жокпу? Ыйса Томастын шектенүдөн бошонушуна кантип жардам берди эле? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Бүгүнкү күндө эч ким Ыйсаны көрө албайт, ошондуктан ойлонуп көргүн да анан, сенде Анын тирилгенине карата (Ыйык Китептеги окуялар, сыйынуулар ж.б. аркылуу) ишеним жашайт деп айткын. Туура тандаганды үйрөн Ачык терезенин жанына баргын да карап көргүн, шамал болуп жатабы же болгон жокпу? Бүгүн шамалдуу күнбү же жокпу? Сен шамалды көрө аласыңбы? Шамал болуп жатканын сен кантип сезе аласың? Сен табияттын шамал сыяктуу мындай касиетине ишенбейсиң деп элестеткин да, анан өз туугандарыңдан анын бар экендигине сени ишендиришсин деп суранып көр. Андан кийин Ыйсанын тирүүлүгүнө ишенүүгө бири-бириңерге жардам бергиле. Биз Ыйсанын тирүү экендигине жана Анын Уулу экендигине ишенгенибизде Кудай кубанат. Сыйынабыз Теңир, биз Сенин Сөзүң Ыйса тирүү деп айтып жатккандыгына кубанабыз. Сен биздин ишенимибизди бекемдеп жатканың үчүн биз ыраазыбыз. Биз Ыйсанын ысымынан сыйынабыз. Оомийин. «Менин козуларымды кайтар» Жакандан болгон Жакшы Кабар 21:1–17 ПЕТИР ЫЙСАГА АНЫ СҮЙӨМ ДЕП АЙТТЫ БЕЛЕ? ЖЕ АЛ УНЧУКПАЙ КОЙДУ БЕЛЕ? Ыйсанын тирилгенинен кийин шакирттери эмне менен алектенерин билбей турушту. Анан бир күнү Петир өзүнүн досторуна балык кармаганга барарын айтты. Алар да аны менен чогуу барууну каалашты. Ыйсанын шакирттери кайрадан балыкчы болгонду каалашкандай түрү бар. Ошондуктан, алар өздөрүнүн эски кайыктары менен торлорун алып чыгышты. Анан алар деңизге чыгышты да, бир нече жыл мурда кылып жүргөндөй кылып торлорун деңизге ыргытышты. Балыктар негизи түн ичинде жакшы кармалат. Бирок, ошол түнү шакирттер бир да балык кармай алышкан жок. Таң эртең менен алар жээкте турган кандайдыр бир адамды көрүштү, бирок анын ким экендигин биле алышкан жок. Бейтаныш киши алардан үнүн катуу чыгарып мындай деп сурады: — Балык кармадыңарбы же жокпу? Ага жооп кылып Ыйсанын шакирттери: — Жок! Биз эч нерсе кармай алган жокпуз, — дешти. Ошондо жээкте турган адам минтип кыйкырды: — Торлоруңарды дагы бир жолу ыргыткыла да, аны кайра кайыктын оң тарабынан тартып алгыла. Ошондо силер көп балык кармап аласыңар. Шакирттер ошондой кылышты. Торго ушунчалык көп балык түшкөндүктөн аларды суудан тартып чыгарууга мүмкүн эмес эле. Ошондо Жакан Петирге: — Бул Ыйса! – деди. Петир көзүн көтөрүп карады. Чынында эле, бул Ыйса болчу! Петир кубанганына чыдай албай, сууга секирип түшүп жана жээкти карай сүзүп жөнөдү. Калган шакирттер болсо кайык менен анын артынан жөнөштү. Ыйса сүзүп келе жаткан Петирди көрүп, анан ал Андан үч жолу баш тартып кеткен ошол түндү эстеди. Эми Ыйса Петирге ал өз Устатын сүйөрүн үч жолу кайра айтуусуна мүмкүнчүлүк берди. Ошондуктан, жээкте Өзүнүн шакирттери менен эрте мененки тамакты бирге жеген Ыйса кайрадан Петир менен сүйлөштү. Ал Петирге бир эле суроону үч жолу берди жана Петир ал суроого үч жолу жооп берди. — Петир, сен Мени сүйөсүңбү? — деп сурады Ыйса. Ошентип, Петир ушул жерден маанилүү нерсени тандашы керек болчу. Ал Ыйсага Аны кандай гана күчтүү сүйөрүн айтса да болмок. Же болбосо, ал унчукпай койсо да болмок. Ыйса мүмкүн ага ишенбейттир. Ал Өзүнөн баш тартып кеткен шакиртин кечире алабы? Анан Петир мындай деп жооп берди: — Ооба, Теңир, мен Сени сүйөрүмдү Сен билесиң. Ошондо Ыйса ага минтип айтты: — Менин козуларымды кайтар. Козуларым дегенде Ыйса адамдарды айтып жатты. Ыйса Петирден Кудайдын сүйүүсүн адамдарга салтанат менен айтып берүүнү эч качан токтотпоосун суранды. Андан кийин Ыйса экинчи жолу сурады: — Петир, сен Мени сүйөсүңбү? Петир кайрадан: — Ооба, Теңир, мен Сени сүйөрүмдү Сен билесиң, — деп жооп берди. Ыйса: — Менин койлорумду кайтар, — деп кайталады. Анан үчүнчү жолу да Ыйса Петирге ошол эле суроону кайра берди: — Сен чынында эле Мени сүйөсүңбү? – деп. Петир үчүнчү жолу да ошондой эле жооп берди: — Теңир, мен Сени сүйөрүмдү Сен билесиң. Анан Петир кайра Ыйсанын: — Менин койлорумду кайтар, — деген чакырыгын укту. Ошол күнү – деңиздин жээгинде убакыт өткөргөн күнү Петир кандай гана бактылуу эле! Ал Ыйса аны сүйөрүн, Анын шакирти да Аны сүйүүнү кааларын билди. Ыйса Петир Анын жардамчысы болуп кала беришин каалады. Эстеп көрөбүз Ыйса Өзүнүн Шакирттерине балык кармаганга кантип жардам берди? Ким жээкке чейин сүзүп келди эле? Ыйса Петирден эмне деп сурады эле? Петир эмне деп жооп берди эле? Петир туура нерсени тандады беле же жокпу? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Сен аябай таарынтып койгон адам сени кечирди беле? Ал сени мурдагыдай эле сүйөрүн билгениңде кандай сезимде болдуң эле? Сен туура эмес нерселерди кылган кезиңде Машайак сени сүйөбү? Сен Ыйсаны сүйөрүңдү Ага айтасыңбы? Туура тандаганды үйрөн Ыйсага өзүңдүн сүйүүңдү көргөзүш үчүн Ага ырдап бер. Мүмкүн сен жаңы ырды жазгың келеттир. Мисалы анда мындай сөздөр болушу мүмкүн: “Ыйса, мен Сени сүйөмүн, Сен менин Сени сүйөрүмдү билесиң”. Биз эгерде Ыйсаны сүйсөк, анда биз ал тууралуу Ага айтышыбыз керек. Сыйынабыз Сен бизди сүйөрүң үчүн Сага ыраазычылык билдиребиз, Ыйса. Сен Петир тууралуу баарын билгендей эле, мен жөнүндө да баарын билесиң. Сен Петирди кандай сүйсөң, мени да так эле ошондой сүйөсүң. Мен да Сени сүйөм. Оомийин. Ар бир адам түшүнө алат! Матайдан болгон Жакшы Кабар 28:16–20; Элчилердин иштери 1–2 ПЕТИР ТОЛТУРА ЧОГУЛУП ТУРГАН ЭЛДЕРГЕ ЫЙСА ЖӨНҮДӨ АЙТУУГА БАТЫНДЫ БЕЛЕ? ЖЕ АЛ МУНУ БАШКА БИРӨӨ КЫЛМАЙЫНЧА КҮТҮП ТУРДУ БЕЛЕ? Ыйса Өзүнүн Атасына асманга кете турган убакыт келди. Ал кетерден мурда Өз шакирттерине дайыма алар менен бирге болорун убада кылды. Анан Ыйса аларга: — Иерусалимде күтүп тургула, Кудай силерге Ыйык Рухту жиберет, — деп буюрду. — Силердин бардык жакта Мен тууралуу айтышыңар үчүн, Ал силерди кайраттуу кылат, — деди. Ушул сөздөрдү айткандан кийин Ыйса булуттардан өйдө көтөрүлүп кетти да, шакирттери Аны көрбөй калышты. Шакирттер аларга убада кылынган Ыйык Рухту күтүп калышты. Алар Ыйсаны сүйгөн адамдар менен жолугушуп, алар менен чогуу сыйынышты. Акыры, алар бир күнү эрте менен шамалга окшоп шуул-даган үндү угушту. Ар бир адамдын башынын үстүндө оттун тилине окшогон бирдеме пайда болду. Бирок, ал от эч кимди күйгүзүп жиберген жок. Адамдар сүйлөп баштаган кезде, алар ар кандай тилдерде сүйлөп жатышты! Ошол күнү шаарга ар кайсы жактан көптөгөн элдер келишти. Анан Ыйсанын шакирттери эмне жөнүндө сүйлөп жатышканын ар кайсы жактан келген адамдардын баарысы түшүнүп жатышты. Петир толтура болуп топтолушкан адамдарга карады. Бул баарына Ыйса тууралуу айтып бере турган эң бир ылайыктуу учур эле! Ошентип, Петир маанилүү нерсени тандашы керек болчу. Ал эрдик кылып туруп, топтолуп турган адамдарга Ыйса жөнүндө айта баштаса да болмок. Анткени, Ыйса Петирге эл Ал жөнүндө билиши керектиги тууралуу айтпадыбы. Ошондуктан, эгерде ал азыр насаат айта баштаса туура кылган болорун түшүнүп турду. Же болбосо, ал бир кездегидей болуп, Ыйсаны такыр билбеген кишидей болуп койсо да болмок. Же болбосо, ал башка бирөө айтып баштамайынча жөн гана күтө турса да болмок. Петир эмне кылды? Ал топтолуп турган элге кайрылып катуу үн менен жана кайраттуулук менен сүйлөй баштады. Кудайдын Ыйык Руху ага эрдик берип жана керектүү сөздөрдү айттырды. Петир элге Ыйсанын жашоосу бүткүл жашоосу тууралуу бардык нерсени айтып берип жатты. Анан Анын өлгөндүгү жана тирилгендиги тууралуу да айтып, аны угуп турагандардын бүт баарын: — Өзүңөрдүн бүт күнөөлөрүңөр үчүн тобо кылгыла. Ыйса силерди кечирет, — деди. Анан үч миңге жакын адам Петирдин Ыйса тууралуу айткандарына ишенип калышты! Петир эрдик кылгандыгына Кудай кубанычта болду. Петирдин Ыйса тууралуу элге айтып бергендерине Ал ыраазы болду. Эстеп көрөбүз Ыйса асманга көрүлүп кетердин алдында шакирттерине эмне деп буюрду эле? Ыйык Рух ага түшкөн кезде Петир эмне кылды эле? Петир туура нерсени тандады беле же жокпу? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Сага Ыйса тууралуу айтып берген бир нече адамдын атын атай аласыңбы? Сен өзүң Ал тууралуу кимдерге айтып бере аласың? Керектүү болгон сөздөрдү сага ким айтып берип турат? Туура тандаганды үйрөн Бир жакшынакай сүрөт тартып туруп ага чоң-чоң тамгалар менен: ЫЙСА СЕНИ СҮЙӨТ! – деп жазып кой. Эгерде кааласаң, тамгаларды ар кандай бойоктор менен бойоп да кой. Мүмкүн, ошол эле сөздү сен башка тилде да жазып кое алаттырсың. Анан ошол сүрөтүңдү ошол тилди түшүнгөн адамга белекке бер. Биз адамдарга Ыйса аларды сүйөрү тууралуу айтып беришибиз керек. Сыйынабыз Теңир, биз адамдарга Кудайдын Уулунун сүйүүсү тууралуу айтып беришибиз үчүн керектүү сөздөрдү табууга жардам бер. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Дамаскка бараткан жолдо Элчилердин иштери 9:1–22 ПАБЫЛ ЖАМАН ИШТЕРДИ ЖАСАГАНДЫ ТОКТОТТУ БЕЛЕ? ЖЕ БОЛБОСО АЛ МУРДАГЫДАЙ ЭЛЕ ЖАШООНУ УЛАНТА БЕРДИ БЕЛЕ? Пабыл Кудайдын мыйзамын жакшы билгендердин бири болгон. Бирок, ал Ыйсаны билген эмес. Ал Ыйса жөнүндө уккан, бирок, Ыйса — Кудайдын Уулу экендигине ишенген эмес. Пабыл бар тараптан Ыйсаны сүйгөн адамдарды таап жана аларды зынданга салган. Ал өзүнүн кылып жаткандарынын туура экендигине ишенген. Бир жолу Пабыл Дамаскка кеткен жолдо бара жаткан. Ал ошол жактан да Ыйсаны сүйгөн адамдарды издеп таап, аларды да зынданга салгысы келген. Анан күтүүсүздөн эле асмандан төгүлгөн, жаркыраган жарык аны карайлатып койду. Пабыл жерге жыгылды. Анан ал ушул жерден: — Пабыл, сен эмне Мени кубалап жатасың? — деген үндү укту. — Сен кимсиң? — деп сурады Пабыл. — Мен Ыйсамын. Мен сен кубалап, куугунтукка дуушар кылып жаткан Ыйсамын. Ыйса асманга көтөрүлүп кеткен. Ал чынында эле Кудайдын Уулу болгон жана Пабылдын бул тууралуу билишин каалаган. Анан да Ал Ыйсаны сүйгөн адамдарды куугунтукка дуушар кылган адам, Ыйсанын Өзүн куугунтукка алып жаткандыгын Пабылдын түшүнүшүн каалаган. Пабыл жерден өйдө турду. Анан ошол замат көзү эч нерсе көрбөй жаткандыгын түшүндү. Ошондо аны менен чогуу Дамаскка бараткан адамдар аны шаарга колунан жетелеп киришти. Үч күнгө чейин Пабыл түз кеткен жолдогу үйдө болду. Ал мурдагыдай эле эч нерсени көрбөй жатты. Бирок, анткен менен ал сыйына алмак. Анан ал сыйынды! Көп убакыт өтпөй эле ошол Пабыл жашап турган үйгө Ыйсаны сүйгөн бирөө келип калды. Ал мындай деди: — Мени сага Ыйса жөнөттү. Ал сенин көзүңдүн ачылышын каалайт! Бейтааныш адам Пабылга колун койду, ал ошол замат кайрадан көрө баштады. Ошентип, Пабыл маанилүү нерсени тандашы керек болчу. Ал Ыйса — Кудайдын Уулу экендигине ишенип жана Ыйсанын досторун бекер эле эркиндиктеринен ажыратып жүргөнүн моюнга алса да болмок. Же болбосо, Пабыл Ыйса Кудайдын Уулу эмес деп жана мурдагыдай болуп эле Анын досторун зынданга сала берсе да болмок. Пабыл эмне кылды? Ал Ыйсанын жардамчысы болууну чечти! Дамаскта ал бир нече күн бою Анын достору менен баарлашты. Андан кийин ал өзү Ыйсанын Кудайдын Уулу экендиги тууралуу айта баштады. Пабылдын ушунчалык өзгөрүп кеткендигине адамдардын таңыркоосунун аягы жок эле. Эми ал Ыйсанын досторун зынданга салбай калды. Ал Кудайдын Уулуна ишениш керек жана Аны сүйүш керек экендигине адамдарды уламдан улам ишендирип жатты! Пабылдын жаман иштерди кылганды токтотконуна Кудай кубанып жатты. Пабыл да акыры Ыйса Машайак ким экендигин билип алгандыгы үчүн кубанып жатты. Эстеп көрөбүз Ыйсаны сүйгөндөргө Пабыл кандай мамиле кылды эле? Асмандан кимдин үнү угулду эле? Пабылдын көзүнө эмне болду эле? Пабыл туура нерсени тандады беле же жокпу? Пабыл өзүнүн жашоосунун калган бөлүгүн эмне кылганга арнады? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Сага кандайдыр бир адам жөнүндө өз пикириңди өзгөртүүгө туура келди беле? Сени буга эмне түрттү эле? Сен адамдарды жакшы айырмалай билесиңби? Сен Ыйса жөнүндө кантип жакшыраак биле аласың? Туура тандаганды үйрөн Көзүңдү жум да, өзүңдү Пабыл катары элестет. Кимдир-бирөөдөн сени колуңдан жетелеп кандайдыр бир убакытка чейин сен жеке өзүң кала турган жерге алып барып коюусун суран. Эми, Ыйсадан сен кандай туура эмес иштерди кылып жүргөнүңдү “көрүүгө” жардам беришин суран. Анан ал туура эмес иштерди эч качан кайра кайталабаганга Ыйсадан жардам берүүсүн суран. Биз туура эмес нерселерди кылууну токтотуу менен, Ыйсаны сүйгөндүгүбүздү көрсөтө алабыз. Сыйынабыз Теңир, бизге туура нерсени туура эмес нерседен айырмалап билүүдө берип жаткан жардамың үчүн Сага ыраазычылык билдиребиз. Биздин туура иштерди кылышыбызга жардам бер. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Жаркын жүз менен тосуп алуу Элчилердин иштери 16:6–15 ЛИДИЯ КУДАЙДЫН ЖУМУШЧУЛАРЫНА ЖАРДАМ БЕРДИ БЕЛЕ? ЖЕ АЛ ӨЗ ИШТЕРИ МЕНЕН ЭЛЕ АЛЕК БОЛУУНА УЛАНТА БЕРДИ БЕЛЕ? Пабыл Ыйсанын Ким болгондугун билип калгандан кийин бүткүл дүйнө боюнча саякаттай баштады. Ал адамдардын баарына Ыйса жөнүндө айтып бергиси келди. Бир күнү түн ичинде Пабыл адаттагыдан башкача түш көрдү. Ага түшүндө македониялык эркек киши кирди. Ал Пабылдан Македонияга келип, анын элине жардам беришин суранып жатты. Ошондуктан, эртеси күнү Пабыл Македонияга бара жаткан кемеге отурду. Пабыл менен чогуу ал жакка Ыйсанын бир нече достору. Эртеси күнү алар чоң шаарда болушту. Шаардан анчалык алыс эмес жерде дарыя агар эле. Анан Кудайдын ишемби күнүндө Пабыл достору менен чогуу шаардан чыгып, дарыянын жээгин көздөй жөнөдү. Алар ал жакта Кудайдын адамдарынан кимдир-бирөөнү кезиктирип жана чогуу сыйынууну каалашты. Жээкте турган бир нече аялдарды көргөн саякатчылар алардын жанына келип отуруп калышты. Пабыл аларга Ыйса тууралуу айтып бере баштады. Пабылды угуп жаткан аялдардын бирөөсүн Лидия деп аташчу. Лидия Кудайга ишенчү, бирок, ал Ыйса тууралуу эч нерсе билчү эмес. Пабыл аялдар менен сүйлөшүп отурганда Кудай Лидияга уккандарына ишенип калууга жардам берди. Лидия анын Ыйсага ишенип калгандыгын башка адамдар да билсин үчүн чөмүлдүрүлгүсү келди. Көп убакыт өтпөй анын үй-бүлөсүндөгүлөрдүн баары чөмүлдүрүлүштү! Ошентип, Лидия маанилүү нерсени тандашы керек болчу. Ал Кудайдын жумушчуларын анын үйүндө калгыла деп суранса да болот болчу. Ошондой болгондо, ал шаардын башка тургундары менен бирге Ыйса Машайак жөнүндө жана Анын адамдарга болгон сүйүүсү жөнүндө дагы да көбүрөөк уга алмак. Же болбосо, Лидия Пабыл жана анын достору менен коштошуп, иштеринен колу бошобой, соода менен абдан алек болуп жаткандай түр көрсөтүп койсо да болот болчу. Лидия эмне кылды? Ал Пабылды өзүнүн үйүнө чакырды. Лидиянын жардамы менен бул шаардагылардын көпчүлүгү Кудайдын Уулу жөнүндө билип калды. Кудай Лидиянын Анын кызматчыларын жаркын жүз менен тосуп алгандыгы үчүн кубанды. Мына ушундан кийин Лидия дагы Кудайдын жардамчысы болуп калды. Эстеп көрөбүз Пабыл жана анын достору эмне үчүн дарыянын жээгине барышты эле? Алар ал жактан кандай адамдарды издешти? Пабылдан Лидия эмне тууралуу билди? Лидия кантип Кудайдын жардамчысы болуп калды? Лидия туура нерсени тандады беле же жокпу? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Кээ бир учурда балдар Кудайдын алардан талап кылган ишин аткаруу менен, чоң адамдар сыяктуу эле таптакыр колу бошобогон абалда болуп калышат. Сен кандай күнүмдүк иштер менен алектенип жатасың? Сен кайсы сүйүктүү иштер үчүн дайыма убакыт таба аласың? Туура тандаганды үйрөн Кандай күнүмдүк иштер менен алек болоруңду жана качан бош убакытың болгондо кандай иштер менен алектенүүнү сүйөрүңдү кагазга тартып же жазып көр. Ыйсага кызмат кылуу үчүн убакыт табуу — бул дайыма туура чечим болот. Сыйынабыз Теңир, бизге Сага кызмат кылуу үчүн дайыма убакыт тапканга жардам бер. Биз Сени сүйөбүз. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Зынданда Кудайды даңктоо Элчилердин иштери 16:16–36 ПАБЫЛ АБДАН КЫЙЫН БОЛГОН КЕЗДЕРДЕ ДА КУДАЙГА ТАЯНА АЛДЫ БЕЛЕ? ЖЕ АЛ ДАЙЫМА ЭЛЕ КУДАЙГА ТАЯНА АЛБАДЫ БЕЛЕ? Көптөгөн адамдарга Пабылдын насаатын угуу жакчу. Ал адамдарды Ыйсага ишенүүгө үйрөтчү. Ошентсе да, бийлик менен байлыкка умтулган адамдар Кудайдын сүйүүсүн түшүнө алышкан эмес. Пабылдын насааты аларды кыжырданткан. Бир жолу бир нече адамдар Пабылды жана анын досу Сыласты кармап алышып, караңгы түрмөгө таштап салышкан. Эмне үчүн? Анткени, алар ал жакта жатып элге Ыйса жөнүндө айтып бере алышмак эмес. Караңгы жерде Пабыл менен Сыласка кыйын болгон. Түрмө башчысы алардын биротоло эркиндикке чыкпай калышы үчүн баарын кылган. Эшик, терезелердеги темир торлор алардын эркиндикте болушуна тоскоолдук кылып турду. Туткундагылардын бутуна салынган темир каамыттар алардын кыймылдашына мүмкүнчүлүк бербей жатты. Алар дайыма кир болгон түрмөдө отурууга аргасыз болуп жатышты. Демек, ушул жерден Пабыл менен Сылас маанилүү нерсени тандашы керек болчу. Алар Кудай ал тургай, ушул караңгы жерде да алар менен экендиги үчүн кейишпесе да болмок. Алар Кудай алар үчүн кам көрөрүнө ишенишсе болмок. Же болбосо, Пабыл менен Сылас кейишке түшүп жана көз жашка жуунуп отура беришсе да болмок. Бул эки дос, ал тургай, өз күчтөрү менен кандайдыр-бир жол издеп бул жактан чыгып кетүүгө аракетенишсе да болмок. Бирок, мындай учурда аларга өлүм коркунучу туулмак. Пабыл менен Сылас эмне кылышты эле? Алар мурдагыдай эле Кудайга ишенишкендиктен, кайгырышкан деле жок. Түн ичинде алар Кудайга сыйынышып жана Ага ырдай башташты! Түрмөдө отургандардын бардыгы аларды угушту жана алардан Кудайдын сүйүүсү жөнүндө билишти. Кокусунан эле жер солкулдап кетти. Ал ушунчалык катуу силкилдегендиктен, түрмөнүн эшиктери да ачылып кетти! Туткундар тушалып турган чынжырлар да ачылып кетти! Түрмө кайтаруучунун да үрөйү учуп кетти. Бирок Пабыл аны тынчтандырды: — Коркпо! Биз баарыбыз бул жердебиз. Ушундай сөздөн кийин түрмө кайтаруучу күнөөлөрдөн кантип куткарылууга болот деп сурады. Анткени ал дагы Пабыл менен Сылас кантип Кудайга сыйынышып жана Ага ырдашканын уккан болчу. Алар ага Кудай тууралуу айтып бере аларын ал билген. Пабыл да, Сылас да ага: — Ыйсага ишен, ошондо куткарыласың, — дешти. Ошентип, түрмө кайтаруучу Ыйсага ишенип калды! Ал Пабыл менен Силаны үйүнө чакырды. Ал жерден түрмөдөн чыккандар Ыйса тууралуу насаат айтышты жана аларды угуп отургандардын баары дагы ишенип калышты. Түрмөнү кайтарган адам Пабыл менен Сыласты тамактандырды. Эртеси эрте менен ал аларга минтип айтты: — Баргыла. Эми силер эркинсиңер, — деди. Пабыл менен Сылас Ага таянышкандыгы үчүн Кудай аларга ыраазы болду. Эки дос дагы караңгы жерде да Ыйсага болгон ишенимдерин сактап калгандары үчүн ыраазы болушту. Алар эң бир адам чыдагыс шарттарда да кайгырбаш керектигин түшүнүп калышты. Көрсө, ал эң бир кереметтүү түн болгон турбайбы! Эстеп көрөбүз Эмне үчүн Пабыл менен Сыласты караңгы жерге камап коюшту эле? Караңгы жерде алар кайгырышкан жок беле же алар кайгыга батып калышты беле? Пабыл менен Сылас туура нерсени тандашты беле же жокпу? Алар түрмө кайтаруучуга кантип жардам беришти эле? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Сенде бүт баары тескерисинче болуп жаткандай сезилген күндөр болду беле? Кудайды даңктап ырдоо, сыйынуу жана Кудайга таянуу сага кыйынчылыктарды жеңгенге жардам берди беле? Сен кезектеги жолу кандайдыр бир нерсеге кейип турганыңда эмне кыласың? Туура тандаганды үйрөн Ата-энең менен чогуу унаалардын “тыгынына” туш келип калганыңды же жаанда көчөдө калганыңды элестетип көрсөң. Мүмкүн, сен андайда руханий ырларды ырдап береттирсиң. Мүмкүн, Ыйык Китептен окуяларды айтып береттирсиң. Биз үчүн эң бир кыйын мезгилдер болгон кезде деле, биз Кудайга таянышыбыз керек. Сыйынабыз Теңир, эң бир оор кырдаалдарда да Сен биз менен калганың үчүн биз Сага ыраазычылык билдиребиз. Дайыма Сага таянганга бизге жардам бере көр. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. Баарын үйрөткүлө Элчилердин иштери 18 АПОЛОС ӨЗҮНҮН ШАКИРТТЕРИН УКТУ БЕЛЕ? ЖЕ АЛ ЫЙСА ТУУРАЛУУ БИЛҮҮНҮН ЭЧ КАНДАЙ КЕРЕГИ ЖОК ДЕП ЭСЕПТЕДИ БЕЛЕ? Пабылды түрмөдөн бошотушкандан кийин, ал саякатын кайрадан улантты. Ал бир жерден экинчи жерге өтүп жүрүп отуруп адамдарга Ыйса тууралуу айтып жүрдү. Бир жолу Пабыл бир шаарга келди, ал жактан ал жаңы досторду тапты. Алар Акила жана анын аялы Прискилла болчу. Пабыл өзүнүн жаңы досторунун үйүндө туруп жана алар менен кошо чатырчаларды тикти. Ар бир жума сайын Теңирдин күнүндө Пабыл синагогага барып турду. Адамдар Кудайга табынуу үчүн келген жерди ушинтип атап коюшар эле. Синагогада сыйынган ар бир адам Кудайды сүйчү. Бирок, алар Анын Уулу Ыйса тууралуу эч нерсе билишчү эмес. Качан Пабыл аларга Ыйса тууралуу айтып бергенде кээ бирлери ага ишенишпеди, ал эми кээ бирлери ага ишенишип жана Кудайдын Уулун сүйүшкөн. Андан кийин Пабыл башка үйгө көчүп, ал жакта бир жылдан ашык убакытка чейин жашады. Анан ошол убактыттын бардыгында ал Машайак тууралуу насаат айтып, адамдарды окутту. Акыры Пабылга бул шаардан кете турган убакыт келип жетти. Кудай анын башка шаарларга барып жана адамдарга Машайак тууралуу айтып беришин каалады. Пабылдын жаңы достору Акила менен Прискила аны менен чогуу жолго чыгышты. Достор башка шаарга келишти жана Пабыл кайрадан көптөгөн адамдарга насаат айтып жүрдү. Ал саякатын дагы улантууга камданган кезде, бул жолу Акила менен Прискила аны менен жөнөшкөн жок. Бир жолу кечинде Акила менен Прискила синагогага келишти. Кудайга табына турган бул жер алар эми жашап турган шаарда жайгашкан эле. Синагогада күйөөсү менен аялы насааттарды угуп жүрүштү. Синагогада насаат айткан кишини Аполос деп аташар эле. Ал жакшы окутуучу болучу. Бирок, Пабылдын достору насаатчы Ыйса тууралуу билбестигин түшүнүштү. Насаат сөздөн кийин Акила менен Прискила Аполостон аны менен сүйлөшүүгө болобу деп сурашты. Уруксат алгандан кийин, алар ага Пабыл аларды эмнеге окутса, ошонун баарын Аполоско айтып бере башташты. Ошентип, Аполос маанилүү нерсени тандашы керек болчу. Ал Акила менен Прискиланын Ыйса тууралуу айтып бергендерин укса да болот болчу. Ал бул аял менен эркекке эмнени билишсе, ошонун баарын ага айтып беришине мүмкүнчүлүк берип, анан башка адамдарга Машайак тууралуу айтып берсе да болот болчу. Же болбосо, ал Акила менен Прискилага аларды угууну каалабастыгын, ал өзү эле Кудай тууралуу ага керектүү болгондун бүт баарын билерин айтса да болот болчу. Аполос эмне кылды? Ал Акила менен Прискиланын Ыйса тууралуу айтып бергендеринин бүт баарын кунт коюп укту. Мындан кийин ал Кудайдын Уулу тууралуу айтып бериш үчүн башка шаарларга барды. Ал адамдарга Ыйсанын Ким болгондугун түшүнүүгө жардам берди. Ал аларга: — Силер качан Кудай кимдир-бирөөнү силерге жиберет деп күтүп жүрөсүңөр. Бирок Кудай Ыйсаны жиберип койбодубу! Мына, Ошол Кудайдын Уулу. Силер Кимди күтүп жаткан болсоңор, Ыйса так ошол. Аполостун айтып бергенинен улам, көптөгөн адамдар Ыйса тууралуу билип калышты. Аполос Акила менен Прискиланы көңүл коюп уккандыгы үчүн Кудай кубанычта болду. Алар абдан жакшы кылып айтып беришти жана ал кунт кое укту. Ал Кудайдын Уулу Ыйса тууралуу бүт баарын билип алды. Кийинчерээк Аполос да эң мыкты насаатчылардан болуп калды! Эстеп көрөбүз Пабыл өзүнүн жаңы досторунун үйүндө кандай ишти аткарып жүрдү эле? Пабыл менен бирге башка шаарга кимдер чогуу жөнөштү эле? Акила менен Прискила Аполоско ким тууралуу айтып берди эле? Аполос туура нерсени тандады беле же жокпу? Аполос андан кийин башка адамдарга ким жөнүндө айтып берди эле? Өз тандооң тууралуу ойлонуп көр Сен Ыйса тууралуу эмнени билесиң? Сен Ал тууралуу көбүрөөк билгиң келеби? Эгерде сенин эсиңде болсо, Аполос чоң эле киши болгон, бирок башка адамдарга Машайак тууралуу айтып бериш үчүн ага көп нерселерди билүүгө туура келген! Туура тандаганды үйрөн Ыйса тууралуу өзүңө жаккан бир окуяны тандап ал да, андан өзүң үчүн кандайдыр бир жаңы нерсени ачканга аракеттен. Анан өзүңдүн куурчактарыңды же оюнчук жаныбарларыңды отургузгун да жана аларга ошол окуяны айтып бер. Андан кийин сен аны кандайдыр-бир адамга айтып бересиң. Биз Ыйса тууралуу көбүрөөк нерсени билүүгө чечим кабыл алуу менен, эң бир туура нерсени тандаган болобуз! Сыйынабыз Теңир, бизге Ыйса тууралуу айтып берген Ыйык Жазуудагы окуялар үчүн биз Сага ыраазычылык билдиребиз. Биздин окутуучуларыбыз үчүн Сага ыраазыбыз. Алар бизге Библия эмне жөнүндө айтып жатканын түшүнүүгө жардам берет. Ыйсанын ысымынан. Оомийин. ЭСКЕРТҮҮЛӨР 1. Лепта деп Жаңы Осуят мезгилиндеги эң бир майда тыйындарды аташчу — Ред. эскертүүсү.