Нэнси Демосc АЯЛДАР ИШЕНГЕН ЖАЛГАН ЖАНА ЭРКИНДИККЕ ЧЫГАРА ТУРГАН ЧЫНДЫК Чындыктын маанисин жана күчүн түшүнгөн жана мага жалгандын көп түрлөрүн таанып билүүгө үйрөткөн менин апама арналат. # ЫРААЗЫЧЫЛЫК Бардык олуттуу иштердей эле, бул китеп — көптөгөн адамдардын биргелешкен эмгегинин жемиши. Мен бул китепти жаратууга жардам берген кымбат досторума жана кызматташтарыма ыраазымын. Мен төмөндө жазылган адамдарга өзгөчө ыраазычылык келтирем: «Мооди Пресс» басмаканасынын кызматчылары — сиздер менен бирге иштешүү мен үчүн зор кубаныч болду. Сиздер эң биринчи болуп бул китепти басып чыгаруу маанилүү экенин түшүндүңүздөр. Сиздердин көмөгүңүздөр болбосо, ал эч качан жазылмак да эмес. Энн Шерих, сизге китеп боюнча акыркы эскертүүлөрүңүз үчүн рахмат. Лил Гилберт — сен менин жакын тууганымсың. Сен кебелбес берилгендиктин үлгүсү болуп, мага акыркы убакытта чогуу талкуулаган жөнөкөй болбогон суроолорду ойлоп табууга жана түзүүгө жардам бергениң үчүн рахмат. Доктор Брюс Уэйрге — сиздин Чындыкка болгон сүйүүңүз шыктандырат. Мен Теңирге сиздин рухий жардамыңыз, менин кол жазмамды майда-чүйдөсүнө чейин текшерип, эң маанилүү эскертүү жасаганыңыз үчүн ыраазымын. Бекк Крэйвен, Дел жана Дебра Фесенфелд, Сандра Хокинс, Жанет Жонсон и Моника Уот — мени ар кайсы жактан кубаттап, керектүү материал тапканга жардам берип, ошондой эле өзүңүздөрдүн сунуштарыңыздарды жана эскертүүлөрдү киргизгениңиздер үчүн сиздерге рахмат. Сиздердин жардамыңыздар чоң мааниге ээ. «Лайф Экшн Министриз» кызматчыларынын жубайлары — канча ирет мага шыктандыруучу каттарды жөнөтүп, бирөөлөр аркылуу кубаттаган сөздөрдү айттырып, менин иштерим кандай болуп жатканына кызыгып, мен жалгыз иштеп жаткан учурда мага түшкү тамак алып келдиңиздер! Сиздердин кызматыңыздар Жакшы Кабардын жасалгасы болуп кызмат кылат жана Чындыктын сулуулугун чагылдырып турат. Менин «сыйынуучу досторум» — сиздердин менин жаным үчүн сыйынуудагы туруктуу сергектигиңиздер мени баталады. Салгылашуунун кызуу маалындагы жардамыңар үчүн рахмат. Сиздердин сыйынууңуздар мага кайраттуулук тартуулады жана Чындыкка ишенимдүү калганга жардам берди. Акырында — менин кымбаттуу Теңирим Ыйса, Сага менин ыраазычылыгымды айтууга түбөлүктүүлүк да жетишпейт. Сен мени боштондукка чыгара турган Чындыксың, мен Сени бүт жүрөгүм менен сүйөм! # СӨЗ БАШЫ Нэнси Лей Демосс, кайгыга ортоктош болгон жана баамчыл аял, аялдардын ишке ашпаган таттуу кыялдарын жана адашууларын, алардын үмүттөрүн, коркунучтарын, ийгиликсиздиктерин жана кайгы-азаптарынын түпкүрүн изилдөөгө батымы барган. Эгер отуз жыл илгери биздин үстүбүзгө түшкөн — «баары сенин колуңда», «аëонун кайырмагына илинбе», «биз эркектер кылгандын баарын жасай алабыз, алардан да мыкты жасайбыз»… деген жалгандардын көчкүсүнө кабылбасак, жогоркулардын көпчүлүгү такыр болмок да эмес. Албетте. Бул жалган андан канча убакыт мурда эле пайда болгон. Биринчи эркек болгон Адам Атага Кудай берген аял азгыруучунун: Кудай чын эле айттыбы? — деген сөзүн уккан. Обо эне Бакта жыланга кулак салды. Күйөөсү аялын жалгандын кийинки таасиринен коргогон жок, а өзүнүн жүрүш-турушу менен: «Эгер ал ушуну кааласа, ошондой боло берсин» — деди. Жыйынтыгында дүйнөгө күнөө кирди, а күнөө менен бирге өлүм кирди. Обо эне ага таандык болгондон баш тартып, ага берилбеген нерсени өзүнө алды. Маңызы боюнча алганда ал: «Менин эрким болсун», — деп айтты. Кун төлөп куткарылуу бар болгону үчүн Кудайга даңк. Периште Назареттен болгон момун айылдык кызга келди жана «Мария Кудай Уулунун энеси болот» деген таң калыштуу кабар алып келди. Ал абдан тынчсызданды, бирок баары бир айтылган сөздү кабыл алып: «Мен мына, мен Теңирдин кулумун. Мага сен айткандай болсун», — деди. Мен сиз бул маанилүү китепти окуп жатканда Кудайдын Руху сизди жетектесин деп сыйынам. «Чыныгы куткарылуунун маңызы, — деп жазат автор, — тобо кылуу учурунда же жакшы иштерде эмес; ал — адамдын өзгөрүлүүсүндө: «Ким Машайакта болсо, ал жаңы адам; мурункунун баары өтүп кетти, азыр баары жаңы болду!» Элизабет Эллиот # КИРИШҮҮ Териден кийим кийген, ачууланган күйөөсү менен Эйден багынан куулуп чыккан, биринчи өлтүрүлгөн баланын жана аны өлтүргөндүн келечектеги апасы болгон Обо эне өзүн бактысыз сезсе керек. Жалгыз. Жеңилген. Ийгиликке жетпеген. Эйденден чыгышты карай жөн гана жашаганга да оор боло турган дүйнөгө Адам менен бирге баруу канчалык кыйын болсо керек. Бейиште жашап, анан аны калтырып кетүү канчалык оор! Ошол учурда Обо эне баарынан мурун эмнени каалады? Сиз эмнени каалайт элеңиз? Мен ишенем, Обо эне бүт жүрөгү менен тыюу салынган жемиштин даамын тата элек учурду, жамандыкты жана жакшылыкты таанып билдире турган дарактын бутагына колун сунган кезди кайтарып алууну каалаган, дагы эле мүмкүндүк бар эле. Баарын артка кайтаруу, чечимди өзгөртүү, туура иш жасоо каалоосу аны кыйнаган. Биз Обо энеге окшошпуз. Биздин ар бирибизде өзүбүздүн жеңилүүлөрүбүз жана ийгиликсиздиктерибиз, кайгы жана ооруларыбыз болгон. Биз баарыбыз өзүмчүл каалоолорду, кыжырданууну, ачууну, көз артууну жана кайгыны баштан өткөргөнбүз. Биздин кээ бир жеңилүүлөрүбүз, мүмкүн, ушунчалык оор эместир. Алар бүткүл адамзаттын жашоосуна таасир тийгизген кыйроого алып келген жок. Мүмкүн, бул жөн гана «майда» каталардыр. Бирок баары бир алар бизге биздин жүрөгүбүз жеткилеңдиктен канчалык алыс тургандыгын ачып берет. Анан биз баарын кайрадан баштоону, гармонияда жана тынчтыкта жашоону аябай каалайбыз. Ар бир конференцияда мен аялдарды кийинки жума бою алар үчүн атайын топ арачылык кылышы үчүн, сыйынуу өтүнүчү бар карточкаларды толтурууларын суранам. Конференциядан кийин мен бул карточкаларды үйгө ала кетем жана аларды кайрадан окуп чыгам. Көп жолу мен аларды окуганда ыйладым, жашоолору талкаланган бир туугандар үчүн жүрөгүм зыркырады. Никелери кылдын учунда турган аялдар үчүн… Өз балдары үчүн жүрөктөрү ооруп жаткан аялдар үчүн… Өткөн жеңилүүлөрүн жана жарааттарын унута албаган аялдар үчүн… Өздөрү менен өздөрү олуттуу күрөш жүргүзүп жаткан аялдар үчүн… Руханий жашоосунда шектенүүлөргө толгон аялдар үчүн. Бул аялдар биздин жаныбызда жашашат. Алардын тарыхы — бул биздин тарыхыбыз. Алардын көпчүлүгү өмүр бою жыйынга барышат. Кээ бирлери сиздин жыйыныңызга барышат. Алардын бири сиздин балаңыз окуп жаткан жекшембилик мектептин мугалими. Башкалары ар бир жумада болгон Ыйык Китепти изилдөө сабактарына катышат — бул сабактарды алып барганы да бар. Көп учурда сиз алардын ички күрөшү тууралуу эч качан билбейсиз. Эгер алардан сиз иштери кандай экендигин сурасаңыз, алар болгону жылмайышат, анан: «Жакшы», — деп айтышат. Мындай аялдардын окуялары бул китепти жазууга импульс катары кызмат кылды. Бул өзгөчө күбөлүктөр эмес экендигин түшүнүңүз, сураныч. Мен «чектен чыккан» аялдар жөнүндө айтып жаткан жокмун. Мен көптөгөн мындай окуяларды окудум жана уктум, алардан өзүнчө китеп түзсө болмок. Биздин коом ишенбеген аялдардын арасында эле эмес, биздин, ишенгендердин арасында да «жандык оорулардын» эпидемиясын баштан өткөрүп жатат. Эгер акыркы жылдарда мен жолуккан машайакчы аялдардын көпчүлүгүн сүрөттөө керек болсо, анда мен төмөнкү сөздөрдүн бирөөсүн же бир нечесин колдонмокмун: жүдөгөн; өтө чарчаган; күйүп бүткөн; чаташкан; ачууланган; кайгырган; ойлогон;  көңүлү калган; жеңилген; басылган; дайыма күнөөлүү сезген; эмоционалдык жактантуруксуз; байланган; калтаарыган; жалгыз; өзүн өлтүрүү жөнүндө. Сиз, мүмкүн, ар бир жыйындагы канчалаган аялдар өзүн-өзү өлтүрүү жөнүндө ойлогону тууралуу, — кээ бири жакында эле ойлошту, билгениңизде таң каласыз. Мен бул абзацты окуп жаткан сиздердин бирөөңүздөр чекке жетип калганынан шектенбейм. Мүмкүн, бул сиздир. Мүмкүн, сиз мындан кийин жашап кереги жок деп сезип жаткандырсыз. Сизге, кымбаттуу бир тууган: «Үмүт бар!» — деп айтканга мүмкүндүк бериңиз. Бул китепти окуп койгондон эле сиздин көйгөйлөрүңүз жок болуп кетпейт, бирок мен анын сизге Ким жардам берүүгө жөндөмдүү экенин көрсөтө турганына ишенем. Суранам сизден, окуганды улантыңыз. Кул кылуу — мен азыркы кездеги машайакчы аялдар жөнүндө ойлонгондо акылыма келген дагы бир сөз. Аялдардын көпчүлүгү кул болуп калышкан — алар өздөрүнүн эрки боюнча бош эмес. Мисалы, көп аялдар күнөөлүү сезим жана өзүн-өзү соттоо сезими менен жашашат. Алар Кудайдын ырайымы жана сүйүүсү менен эркин ыракаттана алышпайт. Көпчүлүгү өздөрүнүн өткөн жашоосу менен кул болгон. Алардын өздөрүнүн же башка адамдардын жеңилүүлөрүнүн жыйынтыгы кандай гана болбосун, бул өткөн жашоо алардын мойнунда оор таш болуп илинип турат жана алар аны өмүр бою көтөрүп жүрүшөт. Башкаларды Ыйык Китепте айтылгандай «адамдардын алдындагы коркунуч» кыйнап келет. Алар четке кагылуу коркунучунун туткунунда, алар жөнүндө элдер эмне деп ойлойт деген коркунучтун, таанылууга умтулуунун туткунунда. Дагы түйшүктөнүү, коркунуч, ачуу, депрессия жана өзүн аягандык аркылуу жапа тарткан өз сезимдеринин кулдары бар. Аялдардын кул болуусундагы эң кеңири таралган аймактардын бири — бул тамак. Муну моюнга алган ар кандай өлчөмдөгү жана көлөмдөгү аялдардан уктум. Бирөөсү токтоно албайт жана дайыма жей берет, башкалары — өзүн жегенге мажбурлай албайт. Булардын экөө тең кул болуп калышкан. Мен бардык аялдар ушуга окшош алсыздыктардан азап чегишет деп айткым келген жок (бирок убактысы менен биздин ар бирибиз өзүбүздү бул же тигил категорияга киргизе алабыз). Бирок мен жалпысынан алганда машайакчы аялдар үстүртөн болгон чечим жана жоопторго караганда да чоңураак болгон чечим талап кылган кризисти башынан өткөрүп жаткандыгы жөнүндө айтып жатам. Биз Жазууга кайрылганда Кудай биз үчүн мындай жашоону ойлобогондугун көрө алабыз. Биз Жакан жазган Жакшы Кабарда Ыйсанын сөздөрүн окуйбуз жана Кудайдын биз үчүн эң мыкты нерсеси бар экендигин билебиз: Мен адамдардын өмүргө, ашып-ташыган өмүргө ээ болушу үчүн келдим. (Жкн. 10:10) Сиз Ыйса берүүгө келген өмүргө ээмин деп айта аласызбы? Же эптеп эле жашоо үчүн күн өткөрүүгө аракет кылып жатасызбы? Мен сизден көйгөйлөрүңүз барбы деп сураган жокмун. Мен тааныган, жашоону сүйгөн ачык аялдардын кээ бирлери никеде абдан татаал жана оорулуу мамиледе жашашат, же аларга уулунун же кызынын мүрзөсүндө турганга туура келди; башкалары рак менен ооруйт же абдан карыган оорулуу ата-энеси үчүн кам көрөт. Бирок кандайдыр-бир жол менен бардык бул көйгөйлөрдүн жана оорулардын арасында алар өздөрү үчүн өлүм көлөкөсүнүн өрөөнүндө ишеничтүү жана тынч өткөнгө жардам бере турган өмүрдүн булагын ачышты. А сизчи? Сиздин жашооңузда эркиндикке чыкпаган ушундай аймактар барбы? Аянычтуу, бактысыз, байлангандай болгондун ордуна сиз төмөнкүдөй боло аласыз: эркин кубанычтуу ыраазы болгон сүйүктүү жарык жаркыраган өзүнө ишенген ак көңүл жайбаракат туруктуу. Сиз ушундай аял болууну кыялданасызбы? Мүмкүн, сиз өз жашооңузда Кудайдын ырайымы менен тынчтыгын сезип жаткандырсыз? Машайакты тааныган жана баары бир кулчулукта жашап жаткан аялдар менен тааныштырсыз? Аларга эркиндикке чыгууга кантип жол көрсөтүштү билгиңиз келеби? Мен бардык оору-кеселдерди айыктыра турган универсалдуу дарынын кандайдыр бир рецепти жөнүндө айтып жатканым жок, мен жеңил жашоого алып бара турган кыска жолду сунуш кылып жана оору же кыйынчылык болбойт деп убада берип жаткан жокмун. Жашоо татаал — аны менен эчтеме кыла албайсың. Мен тагдыр бизге тартуулаган нерселерден — четке кагылуу, жоготуу, көңүл калуу, жараат жана ал тургай өлүмдөн, кантип эркиндикте жана кубанычта өтүүгө боло тургандыгы жөнүндө айтып жатам. Сиз: «Так мына ушуну мен каалайм! Мен муну өзүмө жана башкаларга каалайм. Эмнеден башташым керек?» — дейсиз. Аялдардын көйгөйлөрү менен ооруларынын айынан жан кыйнаган кайгыны баштан өткөргөн жылдарда Кудай Сөзүнөн жооп издөө менен биздин көптөгөн азаптарыбыздын чыныгы тамырын таптым: СИЗ ЖАНА МЕН АЛДАНГАНБЫЗ! БИЗГЕ ЖАЛГАН АЙТЫШКАН! Мен сизди биздин бардык көйгөйлөрүбүз башталган жерге: Эйден багына, Адам Ата менен Обо Эненин биринчи үйүнө, жеткилең жана эң сонун айлана-чөйрөгө чакырам. Мен сиздин кантип бир жалган Ааламдагы бардык азаптын булагы болуп калганын көрүшүңүздү каалайм. Обо Эне бул жалганды укту, ага ишенди жана ошонун негизинде кыймылдай баштады. Бардык көйгөйлөрдүн, согуштардын, жарааттардын, талкаланган мамилелердин, оорулардын тамыры — ошол жалгыз жөнөкөй жалганда. Кадыресе болгондой эле, бир жалгандын ордуна жалгандын чоң тору пайда болду. Обо Эне жалганга ишенди, анан биз, Обонун кыздары, анын артынан кеттик. Биз бир жалгандын артынан экинчисин угабыз, аларга ишенебиз жана ошого жараша иш-аракет жасайбыз. Ар бир бөлүмдүн башында ойдон чыгарылган «Обонун күндөлүгүнөн» үзүндүлөр келтирилген. Бул Обо Эненин жашоосунун ар кайсы мезгилдеринде, мүмкүн, ишенген жалгандары жөнүндөгү ой-пикирлер. Мүмкүн, анын күбөлүгү сиздикине бирдемеси менен окшоштур? Ар кайсы мезгилдерде аялдарда кездешкен жалгандын бардык түрлөрүн эсептеп чыгуу мүмкүн эмес. Бирок алардын кээ бирлерин азыркы учурдагы машайакчылар өзгөчө кабыл алышат. Менин максатым — бул китепте жалгандын бетин ачуу жана анын чыныгы маңызын көрсөтүү. Анын кээ бир түрлөрү ушунчалык көп тарагандыктан, аларды таануу абдан кыйын. Бирок «эң мыкты» жалган — бул чындыкка аябай окшогон жалган. «Жаңы» жалган — бул байыркы жалган. Менин максатым машайакчылардын арасында көп тараган жалгандын түрлөрүн ачыкка чыгаруу эле эмес, бирок автордун маскасын чечип салууда. Шайтан «жарыктын периштеси» болуп анткорлонот (2 Кор. 11:14 кара). Ал бизге бакыт убада кылат жана биздин кызыкчылыгыбызды көздөп жаткандай түр көрсөтөт. Бирок ал жалганчы жана кыйратуучу; анын максаты — жүрөгүбүздүн тактысындагы биздин тирөөчүбүз болгон Кудайды алып салуу. Мен сиздин жашооңузда сизди жана сиздин сүйүктүүлөрүңүздү алдап жана жок кылуу үчүн, шайтан кантип чебер жалганды (же жарым чындыкты) колдонгонун сизге көрсөткүм келет. Бирок жалганчыны жана анын жалганын ачыкка чыгарып коюу жетиштүү эмес. Мен сизге чындыктын күчүн көрсөткүм келет, ишеним, чындыктын негизиндеги өмүр сүрүү кантип эркиндикке чыгараарын, эптеп-септеп жашоого эмес, реалдуулуктан качууга эмес, бирок бузулган, бузук, азап тартып жаткан дүйнөдө чыныгы, укмуштуу эркиндикке кантип чыгараарын көрсөткүм келет. Бул жуманын башында мен көчөдө Жазуудан алынган бир нече үзүндүлөрдүн үстүнөн ой жүгүртүү менен сейилдеп жүргөнмүн, ошондо Теңир Жакыптын катынан акыркы эки аятты менин жүрөгүмө салды: Бир туугандарым, ким чындык жолунан четтеген адамды кайра туура жолго салса, ал билип койсун: күнөөкөрдү туура жолго салуу менен ал анын жанын өлүмдөн алып калат жана көп күнөөлөрүн жаап коет. (Жкн. 5:19–20) Мен бул үзүндүдөн Теңир мага бул китепти жазуунун максатын жана маңызын көрсөткөнүн ошол замат түшүндүм. Миллиондогон машайакчы аялдар алданып калышкан жана чындыктан бурулуп кетишкен. Мен Теңирден бул китепти алардын кээ бирлерин айыктырууга, алар Кудайдын ырайымында, кечириминде жүрүп, ашып-ташыган өмүргө ээ болушу үчүн туткундан бошотууга колдонуусун сурандым. Менин кээ бир сөздөрүм сизди кыжырдантышы мүмкүн. Мен сылык жана жумшак болууга аракеттенген жокмун. Менин алдымда бардыгы макул боло турган бир нече жакшы ойду жазуу максаты турган жок. Менин көз карашым боюнча бир гана радикалдуу хирургиялык кийлигишүү, башкача айтканда биздин ойлорубуздун образынын таптакыр өзгөрүшү, жүрөк оорусунун тамырын жок кыла алат жана бизди айыктырат. Кээде чындык оорунун себепкери болот — ал көп учурда жагымдуу эмес. Бирок мен тараптан сизди бошото турган чындык менен бөлүшпөй коюу чынчыл эместикке жана катаалдыкка жатмак. Мына чындыктын күчү жөнүндө күбөлөндүргөн эки окуя. Мынакей мен эркинмин! Мен үмүттөнбөй да калганмын, бирок Кудай толугу менен мени узак жылдарга созулган кулчулуктан бошотту. Бул Кудай жашоосунда кантип иштеп жаткандыгы тууралуу мени менен жеке сүйлөшүүдө айтып берген күйөөсү бар жаш аялдын сөздөрү. Ал он үч жашынан тартып бир жаман адаттын туткунунда болуп келгени жөнүндө айтты. Мен көп жолу муну токтотконго аракет кылдым. Мен баарын жасадым, Ыйык Жазууну окуп үйрөнүүгө катыштым, сыйындым, досторум менен сүйлөштүм, — бирок баары бир жыгыла бердим. Жеңилген сайын мен күнөөм үчүн тобо кылып, Кудайдан кечирим сурачумун, бирок кайрадан жыгыла турганымды билчүмүн. Мен токтоно албадым. Бул аял көп жылдан бери Машайакка ишенет. Күйөөсү менен бирге кызматтарга активдүү түрдө катышышат. Анын жүрөгү чынчыл жана Кудайга жагуу үчүн чоң каалоосу бар, ал Машайак жөнүндө көп күбөлөндүрөт жана элге кызмат кылат. Бирок ал көңүл калуудан жана абдан чоң болгон күнөөлүү сезимден эч кандай бошоно алган эмес. Анан ал бир кыйла жандуу сүйлөп баштады жана каалаган боштондукту кантип алганы тууралуу айтып берди: Акырында мен бир жетилген машайакчы аялдан жардам суроого батындым. Ал мени Кудайдан кандай жалганга ишенгеним тууралуу сураганга түрткү болду. Мен кандайдыр-бир жалганга ишенем деп ойлогон жокмун, бирок сыйынып баштаганымда Кудай мага жашоомдун жалганга жол берген эки сферасын көрсөттү. Бул жалган мени он жылдан ашык туткунда кармап келди! Чындыкты көрүп, мен жалганга ишенгеним үчүн тобо кылдым жана мен Кудайдан шайтанды киргизген аймактарымды «согушуп тартып» алуусун сурандым. Анын жүзү кийин эмне болгондугун күбөлөндүрүү менен жаркырап жатты. «Мына ошондон бери, — деди ал, — мени ушунчалык бекем кармаган ошол күнөөдөн мен толугу менен эркинмин. Андан сырткары, Кудай мага өткөн жашоомдо азгырыктар болгон жашоомдун башка аймактарында да жеңишке жеткенге жардам берип жатат. Мен канчалык кубанычты жана эркиндикти сезип жатканымды сүрөттөп бере да албайм. Чындык аябагандай күчтүү!» Мен башка учурда да чындыктын күчүнүн күбөсү болгом. Биз өз жыйынынын кайтаруучусун сүйүп калган бир аял менен сүйлөштүк. Мен бул абалды билгенимде, анын жумушуна коңгуроо кылдым, анткени ал бул жөнүндө күйөөсү биле турганына так ишенген эмес. Ал катчы болуп иштегендиктен, кызмат телефонун биз көпкө колдонгонго мүмкүн эмес болчу. Мен өзүмдү атап, ошол замат сөздөн ишке өттүм. Мен ага төмөнкүдөй сүрөттөп бердим: «Эгер мен түн ортосунда терезеге карап, кошуналарымдын үйү күйүп жатканын көрсөм, анда мен жүгүрүп чыгып, аларды ойготуу үчүн жана күйүп жаткан үйдөн аларды чыгаруу үчүн болгон аракетимди жумшамакмын. Эгер керек болсо, мен үнүмдүн болушунча кыйкырмакмын жана эшикти такылдатмакмын. Мен аларды түн ортосунда ойготуп жатканыма кандай карай турганы жөнүндө ойломок да эмесмин. Мен алардын сезимдерине бүлүк салып, одоно мамиле жасадым деп тынчсызданмак эмесмин». Андан кийин мен ал аялга: «Мен белгилеп кетишим керек, сиз ошол күйүп жаткан үйдүн ичиндесиз; сиз коркунучтасыз. Бул абдан жаман абал болгондуктан, мен сиздин мен жөнүндө эмне ойлойт деп же сиздин кыжырыңызга тийип жатам деп тынчсызданбайм. Мен сизди эскертиш үчүн жана кеч боло электе күйүп жаткан үйдөн чыкканга жардам бериш үчүн колуман келгендин бардыгын кылам». Мен көз жаш төгүп, бул аялдын жашоосунда чынында эмне болуп жаткандыгын түшүнүшүн андан өтүндүм. Мен андан бул коркунучтуу абалдан чыгуу үчүн тез арада кескин чара көрүшүн сурандым. Биз сүйлөшкөн убакта Кудай бул аялдын жүрөгүндө Өзүнүн жарыгын жандырды. Мен кийинки күндөрдө болгон нерселерди өзүмдүн атыма жаза албайм — «анткени Кудай силердеги тилекти да, аракетти да Өзүнүн жакшы ниети боюнча жаратат» (Флп. 2:13). Бул кымбат бир тууган туура тандап, өз жашоосу, үй-бүлөсү жана адамдар менен болгон мамилесинде Кудайдын эркин кабыл алганын көрүү канчалык чоң кубаныч болду. Ал биринин артынан бири болгон оор кадамдарды таштаган кезде, анын сезимдерине, жашоо образына терең тамырлап калган (бирок жалган болгон) эски адаттарына каршы туруп, алдыга жылганга Кудайдын ырайымы ага күч берип жатты. Ал кайрадан жарыкта жашай баштады. Ал жактан жаңы жолду — эркиндиктин жана батанын жолун тапты. Чындык ушундай, мен анын сиздин жашооңузда да жашашын каалайм, кымбаттуу окурман. Сиз менен бирге аттана турган саякат жөнөкөй эмес. Көп убакытта ал сиз кул болуп калган аймакты ачуу, анын тамырын табуу кыйын жана оорулуу да болушу ыктымал. Бирок мен сизди абдан сүйгөн, сиз үчүн Өз өмүрүн берген жана эгер сиз мүмкүндүк берсеңиз сизди колуңуздан жетелеп, жашыл жайытка жана жай аккан сууга алып келе турган «Жакшы Койчуну» билем. Машайак бизге тартуулаган эркиндикте жашагыла, кайрадан кулчулуктун моюнтуругун кийбегиле. (Гал. 5:1) Чарчап-чаалыккандар жана түйшүк тарткандар, баарыңар Мага келгиле, Мен силерге тынчтык берем. Менин моюнтуругумду алып, Менден үйрөнгүлө, анткени Мен жоошмун жана момунмун. Ошондо жаныңарга тынчтык табасыңар. Анткени Менин моюнтуругум жакшы, жүгүм жеңил». (Мт. 11:28–30) # I БӨЛҮК. ПРЕАМБУЛА # ПРОЛОГ Кымбаттуу күндөлүк, Менин башым катып жатат. Мен өз сөзүмдү эмнеден баштоону да билбейм. Бул күн биздин бул Бактагы башка күндөрдөй эле эң сонун башталган. Кадимкидей эле биз Адам экөөбүз Кудай менен сейилдөө үчүн эрте ойгондук. Биздин сейилдөөбүз дайыма күндүн эң мыкты жарык бөлүгү болчу. Ошол таңда биз баарыбыз бир убакытка унчукпай калдык. Бизге чогуу болгонубуз абдан жакшы эле. Анан Кудай ырдай баштады. Бул сүйүү ыры эле. Ал кайырмасына жеткенде биз кошулуп ырдай баштадык — биринчи Адамдын терең күчтүү үнү, анан мен кошулдум. Биз баарыбыз ырдадык, сүйүү жөнүндө, жылдыздар, кубаныч жана Кудай жөнүндө ырдадык. Аягында биз Бактын так ортосундагы чоң көлөкөлүү дарактын түбүнө отурдук. Биз Кудайга Анын ушунчалык жакшы болгону үчүн ыраазычылык айттык, Ага бир гана нерсени — Ага кубаныч алып келүүнү жана Анын ичинде кубаныч табууну каалай турганыбызды айттык. Бул аябай керемет эле — биз үчөөбүз чогулганда дайыма ушундай болчу. Мен андан кийин эмне болгонун кантип түшүндүрүүнү билбейм. Күтүлбөгөн жерден биз мурун эч качан укпаган үндү уктук. Мен бурулуп, мурда көргөндөрүмдүн ичинен эң кооз жандык түз мени карап турганын көрдүм. Ал ошол замат мени менен сүйлөшө баштады. Ал ушундай сүйлөдү, мен өзүмдү барктуу сезип, аны дагы да уккум келе берди. Мен Кудайдын ошол учурда кайда экендигин билбейм. Ал бизди калтырбаган болушу керек. Ал жаныбызда экендигин унутуп койсом керек деп ойлойм. Бир заматка мен Адамдын да жанымда экендигин унутуп койдум. Мага мен бул көздүн жоосун алган, табышмактуу жандык менен жалгыз калгандай сезилди. Кийинки сүйлөшүү менин эсимде түбөлүккө калды. Ал мага мен мурун эч качан ойлонуп көрбөгөн суроолорду бере баштады. Анан ал мага мурда мен эч качан муктаж болбогон нерсени сунуш кылды: Көз карандысыздык — Кудайдан жана Адамдан. Абал — Мен дайыма Кудай менен Адамга карачумун, а эми болсо алар мени карашат (ал ушинтип убада кылды). Билим — сырларды билүү бир гана Кудайга таандык. Уруксат — Бактын так ортосундагы дарактын жемишинен даам татуу. Башында мен жөн гана угуп жана карап турдум. Мен ой жүгүрттүм, өзүмө суроо бердим, талашып-тартыштым. Адам мага көп жолу Кудай бул дарактын жемишинен жегенге тыюу салгандыгы жөнүндө айткан. А бул жандык менин көзүмө тике карап, ушунчалык жумшак сүйлөп жатты. Аягында мен ага ишенип калдым. Мага бул туурадай туюлду. Мен багынып бердим. Мен колумду сундум — биринчи этияттана, анан кайраттуураак. Мен жемишти үзүп алдым. Мен жедим. Аны Адамга бердим. Биз жедик. Биз чогуу жедик — биринчи мен, анан ал. Андан кийин эмне болгондугун мен жакшы эстей албайм. Менин ичимде мурда эч качан сезбеген сезимдер пайда болду. Жаңы сезим — мен жашыруун сырды билгендей. Чоң кубаныч жана үрөй учуу — бир убакта. Эркиндик. Түрмө. Жогору көтөрүлүү. Төмөн жыгылуу. Өзүнө ишенүүчүлүк. Коркунуч. Уят. Мен таза эмесмин. Мен Анын алдында ушундай болуп тура албайм деп жашына баштадым. Мен жалгызмын. Ушунчалык жалгызмын. Оңтойсуз абалдамын. Алдандым. # БИРИНЧИ БӨЛҮМ. ЧЫНДЫК… ЖЕ НАТЫЙЖА «Бут үчүн магниттүү вибромассажер! 15 мүнөт массаж, анан сиз жаңыдан төрөлгөндөй болуп каласыз!» «40 саатта… фортепианодо ойноону кантип үйрөнүү керек!» «Ашыкча үч кило салмактан 10 мүнөттө арылыңыз! Жана таттуу жегенден баш тартпай эле коюңуз!» Биздин коом жалганга толгон. Ал бардык жерде, анын далили болуп бул акылсыз жарнактардын жарыялары кызмат кылышат. Кээде жалганды оңой эле билип алууга болот (мисалы, 10 мүнөттө 3 килого арыктай аласыз деп ишендирүү). Бирок, тилекке каршы, көп жалгандарды жөн гана бетин ачуу кыйын. Жарнактардагы жалгандар табигый адамдык кызыгууну туудурат. Биз кандайдыр-бир кереметтүү табышмактай болуп ашыкча салмак он мүнөттүн ичинде чындап эле — эч кандай тер чыгарбастан, тартипти талап кылбастан, акча коротпой, күч жумшабай, оорутпай эле, эрип жок болуп кете турганына ишенгибиз келет. Мына ошондуктан биз теледүкөндөрдө жарыялап жаткан таблеткаларды, тамакка кошула турган нерселерди, машыгуу үчүн жабдууларды сатып алабыз. Адам менен Обонун Кудай жөнүндөгү оюн өзгөртүү максаты болгон айлакер соодагер биринчи жарнактык кампанияны уюштурган. Шайтан Кудай менен Анын жаратканынын ортосуна дубал курууга умтулган. Ал аял менен эркектин Кудайга ачык каршы чыкпай турганын абсолюттуу ишенимдүү түрдө божомолдогон. Ага аларды алдаш үчүн Кудайдын эрежелерине ачык каршы чыкпай турган, аларга акылдуу жана жагымдуу көрүнө турган, абдан аз айырмалана турган жалганды токуш керектигин билген. Шайтан Обону таза жалган менен, жарым чындык менен жана чындыктын астына жашырынган калптын кошулуусу менен алдаган. Ал анын акылына Кудайдын чындап айткан сөзүнө шектенүүнү себүү менен баштаган («Кудай чын эле… айттыбы?», Башт. 3:1). Андан кийин аны Кудайдын сөзүн барк албай, чынында Кудай айтпаган нерсеге ишенүүгө мажбурлады. Кудай: «бул дарактын жемишинен жебе», — деп айткан. Бирок, Обонун сөзүнө караганда, Кудай мындай деген: «Аларды жебегиле жана ага тийбегиле». Шайтан Обону алдап, Кудайдын жакшы экенине, сүйүүсүнө жана жакшы ойлоруна шектенүүгө мажбур кылды. Ал: «Кудай чын эле: «Бейиштеги эч бир дарактын жемишинен жебегиле», — деп айтты беле?» — деп сурады. Анын артында ал мындай деди: «Эмне, Кудай силердин эркиндигиңерди чектеп койдубу?! Ал силердин бактылуу болушуңарды каалабай тургандай көрүнөт!» А чынында Кудай аларга мындай деген: «Бактагы ар кандай дарактын жемишинен жесең болот, бирок жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарактын жемишинен жебе…». Бирок биздин Кудай — берешен Кудай. Аябагандай чоң Бакта Кудай бир гана тыюу салынган белги койгон: «А жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарактын жемишинен жебе…». Андан сырткары, жалгыз чектөө Кудай тарабынан Адам менен Обонун кызыкчылыгы үчүн түзүлгөн болчу жана алардын түбөлүктүү бата жана бакытынын аманаты катары кызмат кылышы керек эле. Кудай ал дарактын жемишинен жегенде, алар өлө турганын; алардын Аны менен болгон мамилеси бузула турганын; алар — шайтандын, күнөөнүн жана өздөрүнүн кулдары болуп кала турганын билген. Андан кийин жылан Обону Кудайга ачык эле тил албастыктын жыйынтыгы жөнүндө жалган айтуу менен алдады. Кудай айткан: «…анткени андан даам таткан күнү өлүп каласың» (Башт. 2:17). Шайтан каршы чыгып: «Жок, өлбөйсүңөр», — деди. Ал ачык эле Кудайдын сөзүнө каршы айтты. Шайтан Обону тыюу салынган жемиштен жеген кезде көптөгөн жакшы нерселер болот деген сунуш менен (Башт. 3:5 кара), ал анын алдында билимдин жана тажрыйбанын толук дүйнөсү ачыла турганын убада кылды («көзүңөр ачылып…»). Ал Кудайга тең болуп каласыңар — башкача айтканда өзүң кудай болуп каласың деп ишендирди («Кудайдай болуп каларыңарды…»). Акырында ал эмне жакшы, эмне жаман экенин сен өзүң чече аласың («жакшылык менен жамандыкты билген») деп убада кылды. Кудай буга чейин эле Адам менен Обого жамандык менен жакшылыкты түшүндүрүп берген болчу. Бирок шайтан мааниси боюнча караганда: «Бул Анын ою; сен өзүңдүн жеке оюң болушуна укуктуусуң, — сен үчүн эмне жакшы, эмне жаман экенин өзүң чече аласың», — деди. Шайтан Обону Кудайдын жубайларга айткан сөзүнө каршы болсо да, анын көргөнүнүн, анын сезими жана акылы айткандын негизинде чечим чыгарууга мажбурлап алдады. Аял дарактын жемишинин жегенге жакшы экенин, көзгө сүйкүм экенин көрдү. Ал билим бергендиктен, аялды өзүнө тартып турду. Аял анын жемишинен алып жеди… (Башт. 3:6) Обо жемиштин даамын татты. Бирок убада кылган батанын ордуна уят, күнөөлүү сезим, коркунуч жана алыстоону сезди. Ага жалган айтышты — ал алданып калды. Пуритандык кайтаруучу Томас Брукс мындай деп жазат: Шайтан мыкты нерсени убада кылат, бирок эң начар нерсе менен сыйлайт; ал кадыр-барк убада кылат, бирок маскара кылат; ал канааттануу убада кылат, бирок оору берет; ал пайданы убада кылат, бирок жоготуу берет; ал өмүр убада кылат, бирок өлүм берет1. Ошол күндөн тартып шайтан жалган аркылуу биздин адаттарыбызды өзгөртүп, биздин тандообузга таасир кылып жана жашообузду талкалаганга аракет кылып келет. Бул дүйнөдөгү биздин көйгөйлөрүбүздүн баары кандайдыр-бир деңгээлде — жалгандын жемиши, жөнү жок туура эмес нерсеге ишенгендиктин жыйынтыгы. Шайтан бизди мыкты келечектеги «чыныгы жашоо» менен алдап колго түшүрөт; бирок ошол эле учурда анын сунушуна макул болгондор өлө турганын билет (Нак.сөз. 14:12). Анда эмне үчүн биз анын жалганына алданып калабыз? Эмне үчүн торго түшүп калабыз? Себептердин бири шайтан жылан түрүндө келбегендиги болуп саналат. Ал бестселлер менен, белгилүү журнал менен, фильм, телешоу же хит-параддын ырлары менен жамынып алат. Ал бизге туугандарыбыз же чыныгы кеңешин бере турган дос аркылуу, дарыгер же машайакчы жазуучу аркылуу, насаатчы же кам көрүүчү аркылуу кайрылышы мүмкүн. Тике булактан көз карандысыз эле, Кудай Сөзүнө макул келбеген кеңешти алган ар бир учурда, шайтан бизди алдагысы же зыян кылгысы келип жатканына толук ишене алабыз. Биз окуп жаткан же угуп жаткан нерсе бизге туура көрүнүшү мүмкүн, бирок эгер ал Кудай Сөзүнө каршы болгон болсо, анда туура эмес. Эгер биз тыюу салынган жемиш абдан бышкан жана даамдуу көрүнүп жаткан болсо, дайыма бизге өлүм жана талкалануу алып келет. ## Жалгандын стратегиясы Жалган — шайтандын стратегиясынын негизги бөлүгү болгон жана ушул убакка чейин ошондой. Ыйсанын сөзү боюнча, жалган айтуу шайтан үчүн табигый нерсе, бул анын табияты: Ал (шайтан) башынан эле киши өлтүргүч болчу, чындык боюнча жашаган жок, анткени анда чындык жок. Жалган айтуу — анын табияты. Анткени ал — жалганчы жана жалгандын атасы. (Жкн. 8:44) Шайтан өзүнүн бутасы катары так аялды тандаган себебин биз толугу менен түшүнө албайбыз. Эки жолу Жаңы Осуятта элчи Пабыл так аял алданганы жөнүндө айтат: «…Обо энени жылан өзүнүн куулугу менен алдап кеткендей…» (2 Кор. 11:3); «…Адам ата азгырылган эмес, аял азгырылып, күнөөгө баткан…» (1 Тим. 2:14). Кээ бир Кудай Сөзүн окуткандар Обо өзүнүн маңызы боюнча жеңиле турган болгон, ал табияты боюнча бирөөнүн тилине кирүүгө же азгырылууга бир кыйла жакын болгонун айтышат. Башкалар Кудай аны күйөөсүнө баш ийе турган кылган, ал бул руханий коргоодон чыкканда аны алдоо жеңил болуп калган деп божомолдошот. Мындайбы же тигиндейби, биз, аялдар, шайтандын жалганына берилип кетүүгө өзгөчө жакын экендигибиз ачык-айкын. Ал биринчи эркекке барганга аракет да кылып көргөн жок; ал атайын аялга келди жана аны азгырды. Так аял өз күйөөсүн күнөөгө дуушар кылды, анан алар биргеликте бүт адамзатты күнөөгө кириптер кылышты (а акыркы эсеп менен башчы катары Адам баары үчүн жооп берсе да). Мен ойлойм, ушу кезге чейин шайтан аялдарды алдаганды максат кылып алганы жөн нерсе эмес экендигин түшүнүү маанилүү. Бул анын стратегиясынын бир бөлүгү. Эгер биз, аялдар, анын жалганына ишенсек, анда биздин айланабыздагы эркектерге таасир тийгизерибизди жана биздин күнөөлүү тандообуз кийинки муунга туурай турган үлгү катары кызмат кылаарын ал билет. Кээде Обонун учурундагыдай шайтан бизди ачык эле алдайт. Бирок курал катары көп учурда ал башка адамдарды колдонот. Эфестиктерге жазган катында Пабыл минтип эскертет: «Эч ким силерди маңызсыз сөздөр менен алдабасын…» (Эф. 5:6). Ал кайра-кайрадан Кудайдын элин бири-бирине чындыкты айтууга чакырат. Эгер биз бири-бирибиздин алдыбызда чынчыл болбосок, анда чынында шайтандын элчиси катары, бири-бирибизге жалган айтуу менен жана талкалоо менен, ага кызмат көрсөтөбүз. Жазууда руханий жетекчилер — Кудайдын үйүрүн кайтаруу жана чындыкты Кудайдын элине жеткирүү жоопкерчилиги ким– ге берилген болсо ошолор бизди алдашы мүмкүн экендиги жазылган. Көптөгөн жетекчилер чындыкты айтпай, өзүнүн чакыруусуна жана өзүн ээрчигендерге чыккынчылык кылат. Жезекиел пайгамбардын оозу аркылуу Кудай элди алдаган башчыларга кайрылат: …адил адамдын жүрөгүн силер жалгандык менен кайгыга салганыңар үчүн, мыйзамсыз киши өзүнүн бузулган жолунан бурулбасын деп, өз өмүрүн сактап калбасын деп, анын иштерин колдоп жатканыңар үчүн… (Жез. 13:22) Мен муну бүгүнкү күндө машайакчылык дүйнөдө болуп жаткан нерсеге так түшүнүк берүү деп ишенем. Машйакчылык дүкөндөрдө, журналдарда, диний теле жана радиоканалдарда, белгилүү машайакчы психотерапевттердин сөздөрүндө көп мезгилде жалган көрүнүп турат. Көп учурда бул атайылап болбойт деп ойлойм, бул адамдар жалган айтып жатам деп ойлошпойт деле. Бирок чынында так ушул нерсе болуп жатат. Көп учурда психотерапевттер тобо кылуунун кереги жок деп ишендирүү менен «мыйзамсыздарды колдошот». Алар билип туруп тил албагандыктын жана тобо кылбаган жүрөктүн айынан ала албаган Кудайдын батасын жана жакшылыктарды элге убада кылышат. Алардын окутуусу элге өзүнүн жүрүш-турушун актаганга жардам берет: • ачуу («бул сиздин чыныгы сезимдериңиздин көрүнүшү»), • өзүмчүлдүк («сизден көп нерсени талап кылган адамдар менен сиздин ортоңузга чек коюшуңуз керек»), •жоопкерсиздик («сизди абдан терең жаралашкандыктан көйгөйлөр пайда болгон»), •көзгө чөп салуучулук («сиз өз жубайыңыз менен ажырашууда жана кайрадан никеге турууда эркинсиз; Кудай сизге экинчи жолу мүмкүнчүлүк берет»). Ошол эле учурда алар адил адамдын жүрөгүн «кайгылантат» же ага жалган күнөөлүү сезимди таңуулайт: •жоопкердүүлүгү үчүн («сиз башкалардан көз карандысыз»), •кызматчынын жүрөгү үчүн («сиз элдер сизди колдонуп кетишине жол бербешиңиз керек»), •өз антына ишенимдүү болгондугу үчүн («Кудай сиздин мындай никени сакташыңызды күтүп отурбайт»). ## Көзүңүздү ачыңыз Көптөгөн адамдар, ал тургай машайакчылар дагы, ушунчалык жалганга көнүп, кандай абалда калып калганын билбегендиги кайгылуу. Мына ушул жалгандын табияты — ал бизди сокур кылат жана биздин алданып калганыбызды көргөнгө жол бербейт. Бул китептин максаттарынын бири — машайакчы аялдар көздөрүн ачканга жана алардын айланасында болуп жаткан нерсени баалоого түрткү болуу, аларды ойготуу жана алардын алдына атуулдук, ошондой эле машайакчылык дүйнөгө да бастырып кирген жалгандын бетин ачуу. Биздин кадыресе жүрүш-турушубуздагы көп нерселер жалган ойго негизделген! Жыйынтыгында үй эшилме кумдун үстүнө курулат. Бир жалган экинчисине алып келет, ал — кийинкисине, ошентип улана берет. Тилекке каршы, көпчүлүк эл көргөн жана уккандарынын баарын ойлонбостон туруп эле сиңирип алышат. Биз өзүбүзгө маанилүү суроолорду бербей туруп эле музыка угабыз, китептерди жана журналдарды окуйбуз, фильмдерди көрөбүз жана рекламаларга таасирденебиз. Мисалы: •Автордун «каты» кандай? Ал эмнени айткысы келип жатат? •Чындап эле ушундайбы? •Чындыкка каршы болгон жалган ой жүгүртүү мага тоскоол болобу? Шайтан Обого укмуштуу убада берди: «…көзүңөр ачылып, жакшылык менен жамандыкты билген Кудайдай болуп каласыңар» (Башт. 3:5). Ким ушундай кызыгарлык сунуштун алдында бекем тура алсын? Тыюу салынган жемиш «жегенге жакшы, көзгө сүйкүм жана билим бергендиктен, өзүнө тартып турган» (Башт. 3:6). Эгер ал ушундай өзүнө тартып турбаган болсо, Обо мындай сунушка макул болмок деп ойлойсуңарбы? Эгер жемиш чириген жана курт жеген болсо, ал Кудайга тил албай коюуну ойломок беле? Так ошол өзүнө тартып турган жагымдуу жана «туура» көрүнүшү шайтандын сунушун ушунчалык кызыгарлык кылат. Көйгөйдүн баары Обонун болуп жаткан нерсени баалабагандыгында. Ал чындыкты жалгандан ажыратууга аракет кылган жок. Ал кыла турган нерсенин жыйынтыгынын баасы жөнүндө ойлонгон жок. Эгер Обо тандоосунун жыйынтыгы — өз жашоосунда, өзүнүн Кудай менен болгон мамилесинде, өз никесинде, анын балдарынын жана неберелеринин жашоосунда, ошондой эле (анын аркасынан ээрчиген күйөөсүнүн күнөөсүнүн айынан) жер бетинде кайсы-бир убакта төрөлө турган ар бир адамдын жашоосунда — бузук, оорулуу, өлгүдөй жаман боло турганын элестете ала турган болсо, — ал шайтандын жалганын угуп, Кудайга тил албай коймок деп ойлойсуңарбы? Мен мындай боло турганына ишенбейм. Бирок биздин алдыбызда да ошол эле көйгөй турат. Мен кээ бир гана машайакчылар өз тандоосунун жыйынтыгы жөнүндө олуттуу түрдө ойлоно турганын байкадым. Биз жөн гана жашай беребиз, биздин айланабыздагы башка адамдарга, шарттарга жана үндөргө кандайдыр таасирденебиз — азыр каалап жаткан нерсени жейбиз, телекөрсөтүү аркылуу жарнак кылынган жаңы техникаларды сатып алабыз, моданын акыркы обу жок кылыктарын, биздин досторубуздун жашоо образдарын, баалуулуктарын жана артыкчылыктарын үйрөнөбүз. Булардын баары сонун көрүнөт, ушундай табигый жана айыпсыздай сезилет. Бирок жыйынтыгында биз адамдар менен болгон мамилебизди бузабыз, карызга, ачууга, депрессияга белчебизден батабыз, биз өзүбүздү торго түшкөндөй жана жеңилгендей сезебиз. Биз алданып калдык. Биз жалганга ишендик. Мына ушуга окшогон жалгандын ачык мисалы: жети баланын жаш энеси Интернет аркылуу таанышкан эркекти сүйгөндүгүн мага айтып берди; ал үчүн күйөөсүн таштоо керектиги жөнүндө ойлой баштаган. Биз аңгемелешкен учурда ал мунун туура эместигин мойнуна алды. «Бирок, — деп айтты ал, — ал мага жана менин балдарыма боорукер». Мен ага эки саат жалынып-жалбарып, ал эркек чынында балдарга кызыкпагандыгын, болбосо ал никени бузбай тургандыгын; эгер ал аны сүйсө, анда Кудайдын мыйзамын бузганга түртпөй турганын түшүнүүсүн сурандым. Мен аялга анын тандаган жолу жагымдуу көрүнгөнү менен, сөзсүз түрдө кыйроого алып келе турганын эскерттим. Мен анын алданганын жана анын жалгыз үмүтү — чындыкка ишенип, ага ылайык жашоо керектигин көрсөтүүгө аракет кылдым. ## Жалгандан кулчулукка Кийинки бөлүмдөрдө биз аялдар ишенген эң көп тараган жана талкалай турган жалгандын түрлөрүн карайбыз. Бирок биринчи биз кантип жалгандын бутасы болуп калаарыбызды жана кантип жалган кулчулукка алып келе тургандыгын карап көрөлү. Жалпысынан алганда элдер кулчулукка кокустуктан түшүп калышпайт. Эч ким күтүлбөгөн жерден эле соргоктукка жакын болуп калганын же жарылма мүнөзгө ээ болуп калганын байкабайт. Кулчулукка болгон жол — бул узак процесс. Биз… ЖАЛГАНДЫ УГУП БАШТАЙБЫЗ Мына Эйден багында эмнеден башталган. Обо шайтандын жалганын укту. Мен бул жалгандын каякка алып бара турганы жөнүндө анын эч кандай түшүнүгү жок болгонуна так ишенем. Мүмкүн, ал шайтанды угуу коркунучсуз, ал эмне айткысы келгенин билүүнү чечкендир. Угуу бул тил албастык болгон эмес. Бирок мына эмне маанилүү: Кудайдын сөзүнө каршы болгон көз карашты угуу Обону тил албастыкка алып келе турган тайгак жолго койду, ал өз кезегинде денелик жана рухий өлүмгө алып келди. Чындык болбогон сөздү угуу — бул кулчулукка жана өлүмгө алып келе турган биринчи кадам. Мына ошондуктан биздин жүрөгүбүзгө жана акыл-эсибизге кирген маалыматтардын баарын көңүл коюп текшерүү маанилүү. Мен үй-бүлөдө жети баланын улуусумун жана Кудай менин ата-энеме берген ишеним үчүн ыраазымын: алар балдарга келген маалыматтарды катуу фильтрлешкен. Менин ата-энем биринчи муундагы машайакчылар болушкан — Теңирге алар жаш чагында ишенишкен. Бизди тарбиялоо менен алар сонун китептерди колдонуу жана азыркы ата-энелерге ачык болгон семинарларга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан эмес. Бирок Кудай аларга өз балдарын руханий «теплицада» «өстүргөнгө» акылмандык жана кайраттуулук берген. Алар бизди зыяндуу таасирлерден коргош үчүн баарын жасашкан жана бизди руханий тамактандыра турган маалыматтардын булактары менен курчашкан. Ошондуктан биздин жүрөктөрүбүз ишенимдүү коргоонун алдында болгон. Жаш кезибизде эле биз күнөөнү алыстан эле сезгенди жана жакшылыкты жамандыктан ажыратууну үйрөнгөнбүз. Балдарды тарбиялоодогу мындай жол ошол кезде бизге жаккан эмес. Бирок менин ата-энем: «Биз балдарыбызды бул дүйнөдө гүлдөп өсүп жаткан жалгандын таасирине билип туруп берүүгө камданып жаткан жокпуз», — деп кайраттуулук менен айта алышкандары үчүн Теңирге ыраазымын. Алар чын дилинен биз Кудайдын Сөзүн жана жолун сүйүп өсүшүбүздү, чындык биздин жүрөктөрүбүздү жандандырып турушун жана биз өзүбүз аны таанышыбызды каалашкан. Бизди бул теплицадан дүйнөгө чыгарган кезде ата-энебиз биздин чындыкта жүргөнүбүздү улантышыбызды, бардык жалган менен чындык эмес нерсени четке кагышыбызды каалашкан. Эми мен жетилгенмин жана азыр өз акылыңды сактоо аябай маанилүү экендигин — жакшылап карап туруп тандоо керектигин, кудайсыз ойлорго мени түртө турган нерсенин баарын четке кагыш керектигин көрүп жатам. Азгыра турган ойлор ар кандай булактардан келет — теле берүүлөр, журналдар, фильмдер, музыка, достор, дүкөндөр, каталогдор, бул тизме дагы көп. Жалгыз катуу өзүн өзү кармай билүү гана чындыгында баалуу, сонун жана маанилүү болгон нерсени кабыл алганга жардам берет Зыянсыз болгон жалган жок. Биз дүйнөлүк, жалган, алдамчы ойлордун образын сиңирип, ошол кезде зыян тартпаган бойдон кала албайбыз. Обонун биринчи катасы жемиштин даамын таткандыгы эмес, а анын жыланды уккандыгы болгон. Чындыкка дал келбеген кеңешти же ойду угуу — акырында бизди кулчулукка алып келе турган туура эмес ишенимге алып келет. Эгер биз жалганды уга турган болсок, кулчулукка алып бара турган кийинки кадам… ЖАЛГАНДЫН ҮСТҮНӨН ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ Башында биз жалганды угабыз; анан ал жөнүндө ой жүгүртө баштайбыз. Биз душмандын айтканы жөнүндө ойлоно баштайбыз. Биз маалыматтарды «сиңирип баштайбыз». Биз душман менен сүйлөшүүгө киришебиз. Биз анын айтканы туура окшойт деп ойлоно баштайбыз. Бул процессти бакты иштетүү же үрөн себүү менен салыштырсак болот. Эң алгач жерди иштетебиз — биз Кубай Сөзүнө каршы болгон таасир үчүн өзүбүздү ачабыз. Андан кийин үрөн себилет — биз жалганды угабыз. Кийин болсо сугарылат жана жер семирткич себилет — биз ошол жалган жөнүндө ой жүгүртө баштайбыз. Эгер биз жүрөгүбүздө чындык болбогон нерсе жөнүндө ойлонууга уруксат берсек, эртеби же кечпи биз… ЖАЛГАНГА ИШЕНИП КАЛАБЫЗ Бул этапта себилген үрөн өсө баштайт.Эң башында Обо жыландын айткандарын укту. Андан кийин ал бул жөнүндө ойлонуп, аны менен сүйлөшө баштады. Тез арада анын айткандары Кудай берген чындыкка ачык эле каршы турса да, чындык деп ишенип калды. Обо жалганга ишенип калаар замат, кийинки кадам оор болгон жок. Жалганды угуңуз, ал жөнүндө ой жүгүртүңүз, ага ишениңиз, анан эртеби же кечпи сиз… ЖАЛГАНДЫН НЕГИЗИНДЕ ИШ ЖАСАП БАШТАЙСЫЗ Эми үрөн сугарылды, жер семирткич берилди, ал өстү жана жемиш — азгырылуунун жемишин берип баштайт. Ишенимдин артынан белгилүү жүрүш-туруш ээрчийт. Жалганга ишенүүнүн артынан күнөөлүү жүрүш-туруш ээрчийт. Биздин ишенимибиз жашоо образыбызда чагылып турат. Ошондой эле тескерисинче, биздин жүрүш-турушубуз биздин ишенимибизге — сөз менен айтып эле койгон эмес, а биздин иштерибиз менен далилдеген ишенимге негизделген. «…Анткени анын жүрөгүндөгү ойлор кандай болсо, өзү да ошондой…» (Нак.сөз. 23:7). Биздин жашообуздагы бардык күнөөлөр жалгандан баштала тургандыгын эстеп жүрүү маанилүү. Биз жалганды угабыз, анын үстүнөн ишенип калганга чейин ойлонобуз, акырында, ошол жалгандын негизинде иш-аракет жасап баштайбыз. Андан кийин эмне боло турганын карап көргүлө. Биз чындыкты четке кагабыз жана биз үчүн арзыбаган нерсе сезилген нерселерде Кудайдын Сөзүн бузабыз. Бирок кийинки азгырык келгенде бизге күнөө жасаганга оңой болуп калат, кийинчерээк —андан да жеңил. Биз кокустуктан күнөө кетирбейбиз — биздин жүрөгүбүздө көп жүргөндөн пайда болгон жол — күнөөнүн адаты пайда болгончо кайра-кайра күнөө жасайбыз. Болуп жаткан нерсени аңдабастан эле, биз кулчулукта болуп калабыз. Күнөөнүн сепили курула баштайт. Шайтан кайырмакка жем салды, биз аны жутуп алдык, эми ал бизди кармады — биз анын олжосу болуп калдык. Эмнеден баары башталганын унутпаңыз: БИЗДИН ЖАШООБУЗДУН КАЙСЫ СФЕРАСЫНДА БОЛБОСУН АР БИР КҮНӨӨ ЖАЛГАНДАН БАШТАЛАТ Үрөн себилген; ал сугарылып, жер семирткич салынып жатат, өсүп чыгат жана жемиш берет — бир гана жемиш эмес, а өтө көп түшүм — кулчулуктун, талкалануунун жана өлүмдүн түшүмүн берет. ## Кулчулуктан эркиндикке өтүү Биздин арабыздагы көптөрдүн жашоосунда биз жалган угуп, ага ишенип, анын негизинде иш жасап баштагандан кийин пайда болгон кулчулуктун сфералары бар. Бул кулчулуктан кантип бошонуу керек жана эркиндиктин жолуна түшүү керек? Мына, бизди кул кылып алган конкреттүү жалгандан бошонууга жана бизди эркин кыла турган чындыкты таанып билүүгө бизге жардам бере турган үч кадам. 1. Сиз эркин болбогон сфераңызды (же сфераларыңызды) жана күнөөлүү жүрүш-турушуңузду аныктаңыз. Бул кулчулук экендигин сиз билесиз. Бирок ачык көрүнбөгөн башка сфералар да болушу мүмкүн. Кудайдан сизге сиздин эркин эмес болгон конкреттүү аймактарды көрсөтүүсүн сураныңыз. Жазууда: «…ким эмнеден жеңилсе, ал — ошонун кулу», — деп айтылат (2 Пет. 2:19). Жашоонун кайсы аймактарында сиз Кудайдын баласынын эркиндигинде жашабай жатасыз? Сизде денелик кулчулуктун аймактары барбы (соргоктук, туура эмес тамактануу, чылым тартуу, аракечтик, баңгилик)? Сиз сезим жактан (тынчсыздануу, коркунуч, депрессия, өнөкөт сезимдик бузулуулар), жыныстык жактан (мастурбация, порнография, кумардануу, гомосексуализм) же каражат жагынан (ашыкча ысырап кылуу, сараңдык, ач көздүк) кулчулукта эмессизби? Сиз бат кыжырданууга же жалган айтууга жакынсызбы? Сиз дайыма мактап турганга муктажсызбы, ашыкча уялчааксызбы, токтобой сүйлөшүүнү каалайсызбы же телесериалдардан, сүйүү романдарынан көз карандысызбы? Кудай сизге сиз эркин болбогон башка сфераларды да эскерте алат. Сиз аларды табаар замат эч нерсени оңдогонго аракет кылбаңыз. Мүмкүн, сиз ушуга окшогон жүрүш-туруштан бошонгонго аракет кылып көргөнсүз, бирок жеңилип калгансыз жана кол көтөргөнсүз. Эгер сиз өз жериңиздеги уулуу өсүмдүктү жоготууну кааласаңыз, анын бардык жемиштерин жөн гана жыйнап алуу жетишсиз. Алардын ордуна башкасы чыгат. Уулуу жемишти түбөлүккө жок кылуунун жалгыз жолу — ал өсүмдүктү тамыры менен жулуп салуу. Мына ошол үчүн кийинки кадам маанилүү. 2. Бул эркиндиктин жоктугуна же туура эмес жүрүш-турушка түрткөн жалганды аныктагыла. Кандай жалганды уккансыз, эмнеге ишенгенсиз, эмне сизди кул кылган? Бул суроого жооп табуу оңой эмес: көбүнчө тамыр көздөн жашыруун, а жалган өз табияты боюнча алдамчы. Биз кандай жалганга ишене тургандыгыбызды түшүнүү үчүн Теңирдин жардам берүүсүнө муктажбыз. Биздин китептин кийинки беттеринде биз машайакчы аялдар өз жашоосунда тамырлап жана жемиш бергенге мүмкүнчүлүк берген жалгандын кырк түрү жөнүндө сүйлөшөбүз. Кудайдан сизге бул китепте келтирилген же сиз кулчулукка түшкөн дагы башка конкреттүү жалганды көрсөтүшүн сураныңыз. Андан ушул нерседе тобо кылганга жардам беришин өтүнүңүз. Демек, сиз так кайсы жалганга ишене турганыңызды түшүндүңүз. Эми эмне болот? 3. Жалганды чындык менен алмаштырыңыз. Шайтан — күчтүү душман. Анын негизги куралы — алдап кызыктыруу. Анын жалганы абдан таасирдүү. Бирок шайтандын жалганына караганда бир кыйла күчтүүрөөк бирдеме бар — бул чындык. Бизди кайсы жалган кул кылып алганын түшүнгөндө, ага ишенгенибиз үчүн тобо кылсак, бизде жалганды жеңип чыгуу үчүн чындыктын куралы — эффективдүү курал пайда болот. Ар бир жалганды чындыкка алмаштыруу керек. Кайсы жерде биз жалганды угуп, ал жөнүндө ойлонуп, ишенип жана анын негизинде иш жасап баштаган болсок, эми биз чындыкты угуп, анын үстүнөн ой жүгүртүп, ага ишенип жана чындыктын негизинде иш алып баруу керек. Ошентип, Ыйык Рухтун күчү менен биз кулчулуктан эркиндикке өтө алабыз. Ыйса айткандай, бул «бизди эркин кыла турган» чындык (Жкн. 8:32). # II БӨЛҮК. АЯЛДАР ИШЕНГЕН ЖАЛГАН # ЭКИНЧИ БӨЛҮМ. КУДАЙ ЖӨНҮНДӨ… АЯЛДАР ИШЕНГЕН ЖАЛГАН Кымбаттуу күндөлүк, Мен таптакыр чаташып калдым. Кечээ эрте менен эле мен эртеңки күнүмө ишеним бар эле, ал эми азыр болсо кимге же эмнеге ишенишимди билбей калдым. Кудай эч качан менин Анын сүйүүсүнө шектенүүмө түрткү берген эмес. Менде Анын жакшы экендигине толтура себеп бар болчу. Мен эч качан Ал бизге чынын айтып жатабы деп ойлончу да эмесмин. Мен Ага ишенчүмүн. Мен Анын сөздөрүнө ишенчүмүн. Эми Ал биз менен Бакта сейилдеген, ар бир таңда сүйлөшүп жана ырдаган Кудайга окшобой калгансыйт. Эгер Ал ушунча жакшы болсо, эмне үчүн жылан менен болгон биздин сүйлөшүп жаткан сөзүбүздү бөлгөн жок же менин жемишти жегениме тоскоол болгон жок. Эмне үчүн Ал бул жемишти ушундай көзгө жагымдуу кылып койгон? Жалпысынан алганда эмнеге Ал бул даракты Бакка отургузган? Ага биздин андан жебешибиз эмне үчүн маанилүү болгон? Кудай абдан узактай көрүнөт. Мен Андан корком. Ал эгер биздин бул дарактын жемишинен жесек өлө турганыбызды айткан. Жаза ушундай катуу, адилетсиз өңдөнөт, бул биздин биринчи жазыгыбыз эле го. Бүгүн Ал бизди Эйденден чыгып кетишибизди буйруду. Эмне үчүн Ал бизге дагы бир мүмкүнчүлүк берген жок? Аны биздин келечегибиз тынчсыздандырабы? Мунун баары ушунчалык коркунучтуу жана чаташкан. Кудай эч нерсе кыла албайбы? Мен сизге дароо эскертким келет, биз аялдар ишенген бардык жалгандын түрлөрүн карай албайбыз. Шайтан — жалгандын устасы жана анын жалганынын чынжыры учу-кыйры жок. Менин максатым — ишенген аялдардын арасында кеңири таралган жалгандардын кээ бир түрлөрүн карап чыгуу. Мен так ушул жалган азыркы мезгилдеги машайакчы аялдардын көп көйгөйлөрүнүн тамырында жатканына ишенем. (Китепте кийинчерээк мен аялдардын кандайдыр-бир жалганга ишенип, эмнени сезгендери жөнүндө күбөлүктөрдү жайгаштырдым.) Албетте, бардык аялдар эле ар кандай жалганга ишене беришпейт. Сиз, мүмкүн, өзүңүз белгилүү бир жалганга (же анын ар кандай түрлөрүнүн кошулганына) ишенгенге жакын экениңизди көрөсүз. Шайтан сиздин алсыз жериңизди билет жана так ошол жакты көздөй өзүнүн куралын багыттайт. Башында сиз: «Жок, мен бул жалганга ишенбейм», — деп айтышыңыз мүмкүн. Шайтандын жүрүшүнүн бирөө — биздин көзүбүздү жаап, биз ишенген жалганды көргөнгө тоскоол болуу; биз чындыкты билгендиктен, ошондой эле ага ишенебиз деп ойлогонго аргасыз кылуу. Көп жолу мен чындыкка ишенем деп эсептеген аялдар менен сүйлөштүм. Бирок алардын жашоосу — чечимдери, баалуулуктары, ооруга болгон реакциясы — чындыгында алар чындыкка ишенбей тургандыгын далилдейт. Биздин ишеничибиз сөз менен эмес, а иш менен далилденет. Демек, биз жалгандын ар кандай түрлөрүн караганда өзүбүздөн: «Мен буга ишенемби?» — деп сурап коюу жетишсиз. Биздин ар бирибиз ошондой эле: «Мен бул жалганга ишенгендей жашап жатамбы?» — деп сурашыбыз керек. Жалгандын кээ бир түрлөрү коркунучтуу, себеби алар ачык жалганга караганда жарым чындыкка жакын болуп саналат. А ошондуктан алар дагы ичкерээк жана коркунучтуураак болот. Жарым чындык жүз пайыз жалгандай эле кул кылат. Биз ар бир жалгандын майда-чүйдөсүнө чейин токтолбойбуз. Бул жөнүндө өзүнчө китептер жазылган. Менин максатым ар бир түрдүн майда-чүйдөсүнө чейин сүрөттөө эмес, а көптөгөн машайакчы аялдардын жашоосун жана үй-бүлөсүн талкалап жаткан ой жүгүртүүлөрдүн жалпы мүнөзүн ачып берүү. Бул китептин аягында китептин негизги темалары боюнча адабияттардын тизмеси бар. Мен сизди конкреттүү тынчсыздандырган тема боюнча, өзгөчө, эгер сиз татаал абалда болсоңуз, кийинки жардамды алышыңыз үчүн бул бөлүмгө кайрылышыңызды каалайт элем. Кээ бир темаларды жүрөк оорутарлык деп атоого болот. Алар жакшы кабар дүйнөсүндө да көп талаш-тартыштарды туудурат. Кээ бир учурда сиз мени менен макул болбой: «Мен муну жалган деп ойлобойм!» — дешиңиз мүмкүн. Сиздин мени менен макул болбогонуңуз жөнүндөгү конкреттүү суроолор сизге андан ары улантып окууга тоскоол болбосун. Мен жөн гана менин көз карашым боюнча Жазуу кантип окутуп жатканы жөнүндө жаздым. Мен акыркы инстанциядагы чындык эмесмин. Ыйса жана Анын Сөзү — мына чындык. Менин максатым сиз бардык нерседе мени менен макул болушуңуз эмес, а Кудайдын Сөзү аркылуу ачыла турган чындыкты табууга аттанышыңыз, чындыктын жарыгында өз жашооңуздун ар бир аймагын текшерип, баалашыңыз. Башталыш үчүн мен Кудай жөнүндөгү бир нече жалган ынандырууларды тандадым, анткени биздин Ал жөнүндөгү түшүнүктөрүбүз өтө маанилүү. Ханна Уайтолл Смит «Кудайдын Өз жанын аябастыгы» деген өзүнүн руханий автобиографиясында мындай деп жазган: Биздин руханий жашообуз биздин кандай Кудайга табынганыбыздан көз каранды. Анткени табынуучунун мүнөзү дайыма табына турган бир нерсенин таасири астында өзгөрүп турат. Эгер Кудай каардуу жана өч алуучу болсо, Ага табынуучу да ошондой болот; эгер сүйүүчү, назик, кечиримдүү, өз жанын аябаган Кудай болсо, аркасынан ээричиген адам да аз-аздап Анын бейнесине окшошо баштайт1. Биздин Кудай жөнүндөгү түшүнүктөрүбүз — биздин ишенимибиздин системасынын негизи. Эгер биздин Кудай жөнүндөгү түшүнүгүбүз туура эмес болсо, анда бизде бардык нерсе жөнүндө туура эмес түшүнүк болот. Кудайды түшүнүүбүз биздин жашоо образыбызды аныктайт. Эгер биздин Кудайды кабыл алуубуз жалган болсо, анда биз ошол жалгандын негизинде иш жасайбыз жана жыйынтыгында кулчулукта болуп калабыз. ## Кудай өтө деле жакшы эмес, болбосо Ал… Бул жалганга билип туруп ишенгендер аз эле. Биздин көпчүлүгүбүз эч качан: «Кудай өтө деле жакшы эмес», — деп айтпайбыз. Биз чындыкты билебиз. Теориялык жактан, акыл менен, биз Кудай жакшы экенин билебиз. Бирок биздин жүрөгүбүздүн тереңинде шектенүү бар, мүмкүн Ал өтө жакшы эместир, эң эле дегенде Ал жеке мен үчүн жакшы болгон эмес. Мен ишенем, бул жалган Кудай жөнүндөгү көптөгөн туура эмес түшүнүктөрдүн негизинде жатат. Маңызын караганда, Обону азгырганга аракет кылуу менен шайтан мына так ушул жөнүндө айткан. Кудай эркек менен аялга батасын берип, бейишти алардын ыракаттанып жашоосу үчүн жараткан. Ал аларга бир дарактан башка бардык дарактардын жемишинен жегенге эркиндик берген. Эгер сизде Кудайдын жакшы экендигине бир аз болсо да кандайдыр-бир шектенүү болсо, кайра кайрылып Башталыш китебинин биринчи эки бөлүмүн кайра-кайра окуңуз. Ошол жерден сиз жоомарт, боорукер Кудайды көрөсүз. Анын жараткандарынын баары жакшы болгон, анткени баары Анын жакшы экенин көрсөтүп, чагылдырып турган. Шайтан аялды Кудайга каршы азгырып жаман ишке түрткөн кезде, анын акылына: «…Кудай чын эле: «Бейиштеги эч бир дарактын жемишинен жебегиле», — деп айтты беле?» — (Башт. 3:1) деп Кудайдын жакшы экендигине шектенүү сепкен. Анын артында: «Кудай, жакшы деле эмес окшойт, болбосо Ал силердин каалооңордун аткарылышына макул болмок» деген сөз жатат. Эгер биздин жашообузга баш-аламандык, көңүл калуу же оору келсе, эгер биз сүйүктүү адамдарыбызды жоготсок, эгер биз үмүттөнгөндөй же пландаштыргандай болбой жатса, шайтан бизди: «Кудай жакшыбы? Эгер Ал жакшы болсо, анда мындай болушуна кантип жол берди?» же «Эмне үчүн Ал менин көксөгөн тилегимди орундатпайт?» деп ойлондуруу менен азгырат. Кыйроо жана ачкачылык падышачылык кылган, токтоосуз согуш болуп жаткан бул бузулган дүйнөдө жалганчы Кудайды түрү суук боектор менен мындай сүрөттөйт: «Кантип чыныгы жакшы адамдарды сөөккө айлантууга уруксат берет? Же Эфиопиядагы ачкачылыкка? Же Колумбиядагы массалык өлтүрүүлөргө?» Биз Кудайдын жакшы экендигине шектенип баштаар замат, Анын эркин четке кагып, эмне жакшы, эмне жаман экендиги жөнүндө өзүбүз чечип баштаганыбызга актанууну оңой эле табабыз. Бирок Кудай чындап эле жакшы. Анын чечимдери бизге жакшы көрүнөөрүнөн көз карандысыз эле Ал жакшы. Биз сезебизби же жокпу, баары бир Ал жакшы. Муну жашоодогу абалдар далилдейби же жокпу, баары бир Ал жакшы. Мен бул чындыкты түшүнгөнүмдө чыныгы тынчтыкка ээ болгонумду эч качан унутпайм. Мен эс алуу күндөрүмдү үйдө ата-энем жана алты бир тууганым менен өткөрүп жаткамын, ошондо мен 21 жашка толгон элем. Ишемби күнү кечинде ата-энем мени аэропортко жеткиришти — мен Виржинияга учуп кеттим, ал жакта бир жыйында иштечүмүн. Менин учагым жерге конгон кезде мага апам коңгуроо кылып, атамдын жүрөгү кармап, ошол замат ал Теңирге кеткенин кабарлады. Эч кандай эскертүү жок. Эч кандай коштошуу жок. Менин кырк жаштагы апам сегиз жаштан тартып жыйырма бир жашка чейинки жети баласы менен калып калды. Кийинки күндөрдө, жумаларда, айларда көз жаш дарыядай болуп акты. Биздин ар бирибиздин аны менен жылуу мамилебиз бар болчу — ал таң калыштуу күйөө жана ата эле. Арт Демоссту жеке тааныган ар бир адам зор жоготууну баштан өткөрдү. Бирок мен атамдын өлүмү жөнүндө укканымда Теңир мага өзгөчө ырайым берди — Ал мага чындыкты эскертти. Биринчи ойлор пайда болгонго чейин, көз жаш төгүлгөнгө чейин, Ал бир нече күн мурун окуган аяттарды менин эсиме салды. Котормолордун биринде ал мындайча айтылат: «Теңир жакшы жана Ал кылган нерсенин баары жакшы» (Заб. 118:68). Менин бүт өмүрүмдө атам мага бул чындыкты үйрөтүп келген. Эми мына, абдан маанилүү учур, бул чындык жүрөктөгү чыныгы бекем чепке айланды. Мен атамды аябай сагындым — жыйырма жыл өтүп кетсе да аны сагынам. Мага аны менен болгон мамилелешүү жетишпейт. Биз дагы көптөгөн нерселер жөнүндө сүйлөшүшүбүз керек эле. Бирок мен ошол кезде, азыр билгендей эле Кудай жакшы экендигин жана Ал жасаган нерсенин баары жакшы экендигин билгенмин. Бул жөнүндө Ханна Уайтолл Смит мындай деп жакшы сөз айткан: Көпчүлүк учурда Кудайдын Кудурети жакшы нерсеге окшоп көрүнбөйт. Бирок ишеним бул сырлардын алдында таазим кылып, мындай дейт: «Теңир жакшы, Ал жасап жаткан нерсенин баары азыр кандай болгонунан көз карандысыз жакшы болушу керек. Мен Анын түшүндүрмөсүн күтөм»2. ## Кудай мени сүйбөйт Бул жалган көп учурда мурунку жалган менен түздөн түз байланыш. Дагы да, ага ишенем дегендер аз, анткени акылыбызда биз Кудайдын сүйүүсүнө ишенүү керектигин билебиз. Бирок көпчүлүк аялдарда билген нерсеси менен сезгендеринин ортосунда түпсүз туңгуюк бар. Биздин көйгөйлөрүбүздүн бири мына ушунда: биз билген чындыкка эмес, сезимдерибиз далилдеген нерсеге көбүрөөк ишенебиз. (Биз бул ойго дагы кайрылып келебиз, анткени бул аялдар үчүн мүнөздүү болгон маселе.) Биз өзүбүздүн карым-катнаштарыбызга карайбыз — сүйүүсү жок никебизге, мурунку жолдошубуздун демилгеси менен болгон ажырашууга, коңгуроо кылбаган жана конокко келбеген бойго жеткен балдарыбызга карайбыз; биз кыркка жакындап калганыбызды түшүнөбүз, турмушка чыгам деген акыркы мүмкүнчүлүктөрүбүз жок болуп бара жатат, — мына ошондо сезимдерибиз кыйкырат: «Мени эч ким сүйбөйт — Кудай дагы сүйбөйт. Мүмкүн, Ал бүт дүйнөнү сүйөттүр же башка бирөөнү сүйөттүр, бирок мени Ал сүйбөйт. Болбосо мен өзүмдү мынчалык жалгыз жана эч ким сүйбөгөн катары сезмек эмесмин». Биз муну эч качан үн чыгарып айтпайбыз, бирок биз ушундай сезгендиктен ушуга ишенебиз. Ушинтип биздин акылыбызга жалгандын үрөнү себилет. Биз ага ишене баштаганча ал жөнүндө ой жүгүртөбүз. Анан эртеби же кечпи биз ушул жалган менен жашай баштайбыз, жыйынтыгында кулчулукка кабылабыз. Мүмкүн сиз Виктория башынан өткөргөн нерсе менен таанышсыз [1]: Менин үй-бүлөмдө баары бир-бирине муздак мамиле жасашчу. Сүйүү дайыма шарттуу түшүнүк болчу. Ошондуктан мага Кудай мени шартсыз эле сүйө турганына ишенүү абдан кыйын болгон. Бул мен ката кетирген же күнөө кылган кезимде (мен күнөөгө такыр көңүл бурбай коюш керек деп айтып жаткан жокмун) коркунучтуу өзүн-өзү соттоону жана күнөөлүү сезимди туудурчу. Мен Кудай мени кечире турганына ишенчү эмесмин. «Кудай мени сүйбөйт» деген жалган залалсыз эмес. Ал биздин жашообуздун ар бир аймагына жана карым-катнаштарыбызга өзүнүн изин калтырат. Акылыбызга тамыр жайганга биз уруксат берген кичинекей үрөндөр өсүп чыгышат да, абдан мол түшүм беришет. Чындык Кудай бизди чындап эле сүйгөндүгүндө жатат. Биз өзүбүздү сүйүктүү сезгендигибизден, бир туура эмес иш жасап койгонубуздан же биздин мурунку жашообуз кандай болгондугунан көз карандысыз, Кудай бизди чексиз, акыл жеткис сүйүү менен сүйөт. Кудай мени Аны төрт жашымдан бери сүйгөндүктөн, Ага жакканга аракет кылгандыгымдан, конференцияларда сөз сүйлөгөнүмдөн жана китеп жазганымдан улам сүйбөйт. Ал мени Өзү Сүйүү болгондугу үчүн сүйөт. Анын мага болгон сүйүүсү менин иштериме негизделген эмес. Ал менин аракетиме негизделген эмес. Мен Анын сүйүүсүнө татыксызмын жана эч качан татыктуу боло албайм. Жазууда мен Анын душманы болгон кезде эле, Ал мени сүйгөн. Сиз мындай деп айтаттырсыз: «Эгер сен кичинекей кыз болсоң, кантип Кудайдын душманы болгонсуң?» Ыйык Китеп мен төрөлгөндө эле күнөөкөр болгонумду, Кудайдын душманы болгонумду жана Анын жазасына татыктуу болгонумду айтат (Рим. 5:6–10 караңыз). Менин мамилем үзүлгөнүнө карабай Ал мени сүйгөн жана мен үчүн Өз Уулун өлүмгө берди. Ал мени өткөн жашоодогу бүт учурда сүйгөн жана Ал мени келечектеги түбөлүктүүлүктө сүйөт. Ал мени азыраак сүйүшү үчүн же мени көбүрөөк сүйүшү үчүн мен эч нерсе кыла албайм. Менин курбу кызым Мелана Монро көкүрөк рагы менен узак убакыт оор күрөштү башынан өткөрдү. Жакын арада мен андан алган катта, ал анын эки эмчегин тең алып салган учурда күйөөсүнүн кылган иш-аракетинен улам Кудайдын таң калыштуу сүйүүсүн жакшыраак түшүнүп баштаганын айтып берген: Биз жолдошум экөөбүз тең операциядан кийин ал менин таңууларымды чечип жатканда ыйладык жана титиредик. Мен ушунчалык түрү суук элем, көкүрөгүмдүн ордунда тырыктар, башымда чачтарым такыр жок. Мен жолдошум үчүн кайрадан толук жарамдуу аял боло албайм деп аябай тынчсыздандым. Стив мени бекем кучактап, көзүнө жаш толгон боюнча: «Мелана, мен сени Машайак сыяктуу эч нерсеге карабай сүйөм», — деп айтты. Мен ошол замат күйөөмдөн Машайакты тааныдым. Биз баарыбыз — Анын Колуктусубуз, бизди рак, күнөөнүн рагы жеп жатат. Биздин тырыктарыбыз бар, майыппыз жана түрүбүз суук, бирок Ал бизди сүйөт, анткени Анын маңызы ушундай. Биздин татынакайлыгыбыз Анын көңүлүн бизге бурдуруп жаткан жок, бирок Анын Ким экендиги бизди сүйгөнгө Аны түртүп жатат. Ханна Уайтолл Смит бизге Кудайдын сүйүүсүнүн улуулугу, бийиктиги, тереңдиги, кенендиги жөнүндө ой жүгүртүүнү сунуш кылат: Сиз билген эң назик сүйүүнү, кайсы-бир убакта сиз сезген эң терең сүйүүнү, сизге кимдир-бирөө төккөн эң күчтүү сүйүүнүн баарын кошуңуз, ага дүйнөдөгү бардык сүйгөн адамдык жүрөктөрдүн сүйүүсүн кошуңуз, анын баарын чексизге көбөйтүңүз — ошондо Кудайдын сүйүүсүн элес-булас кылып элестете алышыңыз мүмкүн3. ## Кудай менин атама окшош Бизде, аялдарда, Кудай жөнүндөгү элестетүү бизге тааныш болгон эркектердин, өзгөчө бидин аталардын таасиринен улам калыптанат. Алар биздин Кудайды кабыл алышыбызга оң же терс таасирин тийгизет. Мен өзгөчө бата үчүн — мени сүйгөн, ишенимдүү, мага кызыккан атам болгону үчүн абдан ыраазымын. Ошол аркылуу мага Асмандагы Атама ишенүү жана Анын сүйүүсүн кабыл алуу оңой болгон. Бирок көп аялдарда таптакыр башка тажрыйба бар. Мүмкүн, сиздин атаңыз муздак, катуу талап кылуучу, орой, катаал же сүйүү көрсөтүүгө жөндөмсүз болгондур. Эгер ушундай болсо, анда Кудай — биздин Атабыз деген ойдун өзү сиз үчүн жагымсыз. Мүмкүн сиздин абалыңыз төмөнкүлөрдүн бирине окшоштур: Мага абдан катаал мамиле кылган өгөй атам бар болчу, мага Кудай мындай эмес дегенди кабыл алуу кыйынга турду. Менин атам машайакчы болгон жана жакшы адам эле, бирок мен эч качан андан жагымдуу сөз уккан эмесмин. Мисалы, мен ага дубалды сырдаганга жардам берип жатканда: «Жакшы болуп жатабы?» — деп сурачумун. Албетте мен: «Ой, азамат, сонун!» — деген сөздү укканга үмүттөнчүмүн. Бирок анын ордуна ал: «Төкпөй-чачпай, тыкан болгонго аракет кыл», — дечү. Мүмкүн, мына ошондуктан мен Кудай менден кандайдыр-бир жетишпестикти издей тургандай, Ал мени шартсыз сүйбөй тургандай жана мени кабыл албай тургандай сезилчү. Эгер сизди атаңыз же сиз ишенген башка эркек качандыр-бир убакта жаралаган болсо, сиз Кудайга ишенишиңиз кыйын болушу мүмкүн. Мүмкүн сиз Андан коркосуз же Ага ачууңуз келет. Сиз мага ишенишиңиз керек, Кудай сиз билген эркекке окшош эмес. Жер бетиндеги эң акылдуу, эң боорукер ата — биздин Асмандагы Атабыздын болгону кичинекей чагылуусу. Ыйык Китептеги Кудай чексиз сонун, таза жана жер бетиндеги эң керемет атага караганда бизди көбүрөөк сүйөт. Мына ошол үчүн биздин Кудай жөнүндөгү элестетүүбүз башка адамдардын таасиринин астында калыптануусуна жол бербестигибиз маанилүү, алар эң мыкты болушса да — болгону алар Кудайдын бузулган чагылуусу. Эгер сиз Кудай чынында кандай экендигин билүүнү кааласаңыз, Аны бизге ачык сүрөттөп берген Кудай Сөзүнө кайрылууңуз керек, «Теңирдин даңкы жана Анын табиятынын толук көчүрмөсү…» болгон Ыйса менен таанышуу керек (Евр. 1:3). Ыйык Жазуудагы Кудай — боорукер, кайрымдуу, мээримдүү, ырайымдуу Ата. Бул Анын биз каалаган бардык нерсени берет дегендик эмес, бир дагы акылдуу ата өз балдарына алар каалаган нерсенин баарын бербейт. Бул деген биз дайыма Анын чечимдеринин баарын түшүнө алабыз дегендик эмес — Ал абдан улуу. Бул деген Ал эч качан биздин ооруну сезүүбүзгө жол бербейт дегендик эмес — кээде Ал Өзү бизге оору жана кыйынчылыктарды жөнөтөт. Эмне үчүн? Анткени Ал бизди сүйөт. Анткени Ал бизге кош көңүл эмес. Анткени Ал бизге берилген. Эврейлерге жазылган катта Кудай бизди «бизге пайдалуу болушу үчүн, Өзү ыйык болгонундай, бизди да ыйык кылыш үчүн» жазалай турганы айтылган (Эвр. 12:10). Биз эмнени сезгенибизден же ойлогонубуздан көз карандысыз факты ошол бойдон кала берет: Ал Өз балдарын абдан сүйгөн жакшы Ата, жашоону ишенип тапшыра турган Ата. Ханна Уайтолл Смит Кудайдын аталык жүрөгүнө ишенүү эмне экендиги тууралуу көп жазган: Эгер сиз Кудайды Ата катары таанып билген болсоңуз, анда өзүңүздү коргоосуз сезүү жана тынчсыздануу мүмкүн эмес. …Жердеги жакшы ата жасабаган нерсени Асмандагы Ата да эч качан жасабайт; жакшы ата жасаш керек болгон нерсени Кудай Ата сөзсүз жасайт. Машайак бизге Ата Өз Уулун кандай сүйсө бизди да ошондой сүйө турганын түшүнүшүбүз үчүн Атанын атын ачып берди. Ушуга ишене турган болсок, кантип эле бизде козголоңчу же тынчсызданган ой пайда болсун? Биз кантип керек болгон абалда Кудай Атабыз биз жөнүндө эң мыкты кам көрүп жана бардык муктаждыгыбызды толтура турганына ишенбей коет элек?4 ## Бактылуу болуш үчүн Кудай жетишсиз «…Мен муктаж болгондун баары — бул Сен»… Мындай сонун гимнди жыйындагы табынуу чогулуштарында ырдоо — бир иш, ал эми жыйындын имаратынан оор жана чаташкан дүйнөгө чыгуу — башка иш. Ошондо биз чындап эле Ал бизге керек нерсенин баары экендигине ишене алабызбы? Мурунку жалгандын үч түрүндөй эле биз мындай деп үн чыгарып айта албайбыз; бул жалганга билип туруп ишенгендер аз. Бирок биздин жашообуз биз буга ишене турганыбызды далилдейт. Реалдуу көйгөйлөр тууралуу иш козголгондо биз Кудайдын Сөзү жетиштүү экенине ишене албайбыз. Жок, албетте, ал башка адамдарга жардам бериши мүмкүн, бирок менин кыйынчылыгыма, менин муктаждыгыма, менин карым-катнашыма, менин абалыма туура келбейт. Мага Кудайдын Сөзүнө кошуп машайакчылык китеп дүкөнүнөн сегиз китеп керек, мага Кудайдын Сөзү менен кошо кассеталар, конференциялар жана менин жаным үчүн кам көрүүчүлөр керек. Албетте, мага Кудай керек. Бирок мага Аны менен бирге жакын досторум, Аны менен бирге жакшы ден-соолук, Аны менен бирге күйөө, Аны менен бирге балдар, Аны менен бирге жакшы айлыгы бар жумуш, Аны менен бирге керемет меши, кургаткычы, кир жуучу машинасы, гаражы бар жана сөзсүз жаңы ремонт болгон үй керек… Эгер сизде Кудай бар болсо, анда бул жетиштүү деп чындап эле ишенесизби? Же сиз төмөнкү аялдарга көбүрөөк окшойсузбу: «Бактылуу болуш үчүн Кудай жетишсиз» — мен бул жалганга ишене турганымды материалдык нерсеге жана адамдарга аябай таяна турганымды түшүнгөнгө чейин билген эмесмин. Мен Кудайга толук таянам деп ойлочумун жана күйөөмө биз бир гана Кудайга таянышыбыз керек деп айтчумун, а өзүм болсо биздин никенин же каржыбыздын көйгөйлөрүн чечүү үчүн досторума чуркачумун. Бизде маселе пайда болгондо мен сооронучту тамактан тапчумун. Үй-бүлөлүк жашообуздун кырк жылдык убактысында мен 20 кг салмак коштум. Мен Ыйса менен болгон мамиле менин каалоомду канааттандырат деген чындыкты четке какчумун. Өзүмдүн бүт жашоом аркылуу мен айланадагыларга бакыт үчүн мага «буюмдар» керек экендигин көрсөткөмүн. Мен бардык адамдарды жана бардык нерселерди сындачумун, кыжырданчумун жана дайыма арызданчумун. Мен бул жалганда жашап келгемин. Кудай чынында эле жетиштүү экендигине ишенебизби же дагы эле биз жүрөктөгү боштукту толтуруу үчүн бирдемени же бирөө жарымды — тамакты, буюмдарды, досторду, кумарданууларды, саякаттарды, жумушту же үй-бүлөнү издеп жүрөбүзбү? ## Кудай менин эркиндигимди чектегиси келет Кайра-кайра Жазуу Кудайдын мыйзамдары биздин жыргалчылыгыбыз жана коргонучубуз үчүн арналгандыгын үйрөтөт. Эркиндикке болгон жол — тил алчаактык аркылуу болот. Бирок шайтан Кудайдын мыйзамы оор, акылсыз жана адилетсиз, Ага баш ийүү менен биз бактысыз болобуз деп ишендирет. Бакта ал Обонун көңүлүн Кудай берген жалгыз чектөөгө бурдурган. Жалганчынын урааны — «Кандай кааласаң ошондой жаса, эч ким сага эмнени кылыш керек же кылбаш керек деп көрсөткөнгө укугу жок». Биздин ичибизден көбүбүз Сара деген аялга окшош экендигибизди моюндасак керек эле: Мен чек коюулар ыракаттануудан жана кубанычтан мени ажыратат деп сезгенмин. Мен эмне кааласам, качан кааласам жана канча кааласам баарын жечүмүн, себеби эгер «жок» дей турган болсом өзүмдү жазалангандай сезер элем. Мен көп учурда эмне үчүн көпчүлүк аялдарда тамак менен көйгөй пайда болооруна таң калчумун. Бул Башталыш китебинин 3-бөлүмүнө катышы бар экенине толук ишенем. Жыйынтыктап айтканда, эң биринчи күнөө кандай болду эле? Бул тамак менен байланышкан күнөө болчу. Обо үчүн тамакка болгон жалгыз тыюу салуу чыдай алгыс болгон. Сара сыяктуу ал «чек коюлган нерсе аны ыракаттануу менен кубанычтан ажыратат» деп сезген. Анан ал эмне кылды? (Эсиңизде болсо: биздин көз карашыбыз биздин жүрүш-турушубузду аныктайт). Ал эмне кааласа, ошону жеди. Биз өзүбүз каалаган нерсени өжөрлөнүү менен жасап, чек коюлуудан баш тартабыз. Обо эркин болуп тыюу салынган жемишти жегендей, биз да каалаганыбызды тандоого эркибиз бар. Бирок биз бир гана нерсени — өз тандообуздун жыйынтыгын тандай албайбыз. Биз эгерде жалганга ишенип, анан ошонун негизинде иш жасап баштасак, анда аягында кулчулукка кабылаарыбыз жөнүндө айттык. Сара менен андан кийин эмне болгонун угуңуз: Мен чыныгы эркиндик — тил алчаактыктын жемиши экендигин түшүнгөнүмдө, тамакка болгон тартылуудан бошондум — 29 кило ашыкча салмактан арылып, аны менен бирге депрессиядан кутулдум. Сара өз убагында эмнени кааласа, качан кааласа жана канча кааласа жей турганын чечкен эле. Бул чынында эркиндиктей сезилет эмеспи, туурабы? Бирок карап көрүңүз: анын өз сөзү боюнча карасак, ал эркин болгон эмес. Ал эркиндикке ээ болом деп ойлогон, бирок бакыт закым сыяктуу болгон. Анын ордуна ал «тамактын туткуну» болуп калган, 20 килого семирип, депрессияга чөгүп кеткен. Бул аял «чыныгы эркиндик — тил алчаактыктын жемиши» экенин түшүнгөндө, чындыкта жашап баштаганда, ал чындап эле эркиндикке чыкты. ## Кудай менин маселемди чечүүгө милдеттүү Мындай түшүнүк кош алданууга алып келет. Биринчиден, ал Кудайды бизге жагууга аракет кылган жана кызмат кылган жиндин деңгээлине, бизге кызмат кылууга биринчи эле коңгуроодо чуркай турган мындай жалданып иштеген кулдун деңгээлине түшүрөт. Бул жалган бизди өзү менен бирге Кудайдан көңүл калууга алып барышы турган иш: эгер биздин маселебиз чечилбесе, анда Кудай бизге жардам берүүгө шашкан жок. Экинчиден, бул жалган жашоонун максаты — эч кандай көйгөйдүн болбостугу жана бардык оор, жагымсыз нерседен кутулуу деп божомолдойт. Биздин коом көйгөй менен жашаганга мүмкүн эмес, ар бир маселе чечилиши керек деп ойлогонго үйрөнүшкөн. •Баш оорубу? Оорутпай турган дарыларды кабыл алыңыз. •Жетекчи жакпай жатабы? Жумушуңузду өзгөртүңүз. •Кайтаруучуңуздун насаат айтканы жакпайбы? Башка жыйын табыңыз. •Жаңы машина ала албай жатасызбы? Убактылуу алып көрүңүз. •Эркектер сизди байкабай жатышабы? Ашык болумуш болуңуз жана алардын көңүлүн бурдура турган болуп кийиниңиз. •Сиздин жолдошуңуз спортко көп берилип, сизге көңүл бөлбөй жатабы жана сиз менен жаңы жолугушуп жүргөндөгүдөй романтикалуу болбой калдыбы? Сиз жөнүндө кам көрө турган, сизди уга турган башка эркекти жумуштан (жыйындан) таап алыңыз. Көпчүлүк адамдар үчүн машайакчылык — өз көйгөйлөрүн чечүүдөгү жолдордун бириндей эле кеп. Жөн гана сыйын жана Кудайга ишен, ошондо сенде банкта акчаң болот, досуң рак оорусунан айыгат, сен жалгыз болбой каласың, никең сакталат, тил албас балдарың Кудай менен элдешет, сен дайыма күнөөнү жеңе аласың, сен эми жаман адаттарың менен күрөшпөйсүң, сен бактылуу жана ден-соолугуң чың болот. Бул жалган Холлиге ашыкча тамаксоолуктун маселесин чечүүгө тоскоол болгон: Мен көп тамак жегенден жана ашыкча салмактан жапа чекчүмүн. Мен дайыма Кудайга мени бошотушун сурап сыйынчумун. Бирок менин сыйынууларым жана себептерим өзүмчүл болчу. Мен сыртымдан сулуу болушту каалайт элем. Мен тез арада жыйынтыкты көргүм келчү, эч нерсени курмандык кылгым келчү эмес, өзүмдүн үстүмдөн иштегим келчү эмес. Менин сыйынууларым төмөнкүдөй эле: «Теңир, менде проблема бар. Мен өзүмдүн эркимди бекемдегим келет, бирок болбой жатат. Суранам, муну чечүү үчүн мага күч берчи». Бирок баары пайдасыз болчу. Ушуга окшогон жалган ой жүгүртүүлөр эмне үчүн машайакчылар ачууда жана кайгыда жашап жаткандыгын, эмне үчүн алар жашоодон көңүлү калгандыгын түшүндүрөт. Алар эгерде Ыйсаны кабыл алып, жыйын чогулуштарына барып турса жана «машайакчыдай» жашоого аракет кылса, анда аларда эч кандай көйгөй болбойт деп ойлошкон. Тил алчаактыкта жашоо деген Кудайсыз жана Кудайдыкындай эмес жашоонун табигый жыйынтыктары болуп саналган көптөгөн маселелерден качууну билдирет. Бирок бул Машайактын жолун жолдоочулар автоматтык түрдө бардык көйгөйлөрдөн бошонуп калат дегенге жатпайт. Чындык бул жашоонун кыйын экендигинде. Биз бузулган дүйнөдө жашап жатабыз. Кун төлөп сатылып алынгандар да жердик денеде жашап жатышат жана күнөө менен (өздөрүнүн жана башка адамдардын күнөөлөрү менен), азгырыктар менен, оорулар менен, жоготуулар менен, сыздоо менен жана өлүм менен бет келип турушат. Биздин машайакчы болуп калганыбыз, ал тургай жетилген, такыбаа машайакчы болуп калганыбыз да, бизге тоотпос болуп кала турган кандайдыр-бир асман пилласынын ичине кирип кетүүгө тоскоол болбойт. Теңир жаңы жер менен жаңы асманды жаратканга чейин биз толугу менен күнөөнүн талкалоочу таасиринен эркин боло албайбыз. А ошол күнгө чейин бизде ый да, кайгы да, кыйынчылык да, көйгөйлөр да болот. Бирок Кудай биздин көйгөйлөрүбүздөн четтебейт жана алыстабайт. Ал бизди тирүү калабы же жокпу деп үстүртөн байкап отурбайт. Жок! Ыйык Китептеги Кудай — «…кыйынчылык учурунда тез жардам берүүчүбүз» (Забур. 45:2). Бул биздин маселелерибиз сыйкырдуу таякчаны тийгизгенде жок болгон сыяктуу болбойт. Бул Анын кыйынчылыктарды, көйгөйлөрдү биздин мүнөзүбүздү калыптандырып, жашообузду өзгөртүп, бизди «…азап чегүү аркылуу моюн сунган…» (Эвр. 5:8) Өз Уулу Ыйсага окшоштуруу үчүн колдонот. Биз бардык маселелерибизди Кудай чечишин каалайбыз. Бирок Ал мындай дейт: «Мен көйгөйлөрдү сени өзгөртүү үчүн жана Менин ырайымымды, күчүмдү бүт дүйнөгө көргөзүү үчүн колдоном». Бул чындык — чындык бизди эркин кылат. # ЖАЛГАНГА КАРШЫ ЧЫНДЫКТЫ КОЙ ЖАЛГАН 1. КУДАЙ ӨТӨ ДЕЛЕ ЖАКШЫ ЭМЕС, БОЛБОСО АЛ… ЧЫНДЫК • Кудай жакшы, Ал жасагандын баары жакшы. • Кудай эч качан ката кетирбейт. ЖАЛГАН 2. КУДАЙ МЕНИ СҮЙБӨЙТ. ЧЫНДЫК • Кудайдын мага болгон сүйүүсү чексиз жана шартсыз. • Мага Кудайдын сүйүүсүн жана кайрымдуулугуна татыктуу болууга аракет кылуунун кереги жок. • Кудай дайыма менин кызыкчылыгымды көздөйт. ЖАЛГАН 3. КУДАЙ МЕНИН АТАМА ОКШОШ. ЧЫНДЫК • Кудай Өз сөзүндө кандай ачып берген болсо Ошондой. • Кудай чексиз акылман жана мени жердеги эң мыкты атадан да жакшы сүйөт ЖАЛГАН 4. БАКТЫЛУУ БОЛУШ ҮЧҮН КУДАЙ ЖЕТИШСИЗ. ЧЫНДЫК • Кудай бактылуу болуш үчүн жетиштүү. Эгер менде Ал бар болсо, анда мага керектүүнүн баары бар. ЖАЛГАН 5. КУДАЙ МЕНИН ЭРКИНДИГИМДИ ЧЕКТЕГИСИ КЕЛЕТ. ЧЫНДЫК • Кудай дайыма чыгуу жолун табат. • Кудайдын чектөөсү дайыма мага жакшы болушу үчүн. • Кудайдын чектөөлөрүнө болгон менин каршылыгым менин өмүрүмө конфликт жана оору алып келет. ЖАЛГАН 6. КУДАЙ МЕНИН МАСЕЛЕМДИ ЧЕЧҮҮГӨ МИЛДЕТТҮҮ. ЧЫНДЫК • Жашоо кыйын. • Кудай Анын аты даңкталышына жана менин бардык маселелеримдин чечилишине эмес, менин өзгөрүшүмө кызыкдар. • Кыйынчылык аркылуу Кудай мени түбөлүктүү максатка жетелейт. • Менин ыйыкталышым үчүн Кудай менин көйгөйлөрүмдү да колдонот. • Мен кандай көйгөйлөргө учурасам да мен үчүн Кудайдын ырайымы жетиштүү. # ПРАКТИКАЛЫК КОЛДОНУУ Жакыптын катында айтылгандай (1:21–25) чындыкты угуп коюу жетишсиз. Биз чындыкка баш ийишибиз керек жана биздин жашообуз менен ойлорубуздун ажырагыс бөлүгү кылышыбыз керек. Эгер биз чындыкты билсек да, бирок ал боюнча жашабасак, анда биз акылсызбыз жана өзүбүздү өзүбүз алдайбыз. Эгер чындыкка баш ийсек анда биз баталуубуз. Бул китептин эң маанилүү бөлүгүнүн бири болуп бөлүмдүн акырында жайгашкан (экинчиден тогузунчуга чейин) «Практикалык колдонуу» деп аталган бөлүгү саналат. Кийинки бөлүмгө өтүүдөн мурун өзүңүзгө азыр эле окуган чындыктарга кайрылууга убакыт бериңиз. (Мүмкүн, сиз суроолорго жоопторду өз күндөлүгүңүзгө жазгыңыз келеттир. Ар бир бөлүмдүн аягына сиз үчүн жаңы болгон ойлорду Жазуудан алынган аяттарды келечекте жазуу үчүн орун калтырып коюңуз.) 1. Кудай менен МАКУЛ БОЛУҢУЗ. Кудай жөнүндө кандай жалганга ишенчү элеңиз? 2. Жоопкерчиликти өзүңүзгө АЛЫҢЫЗ. Бул жалганга болгон ишеним сиздин жашоо образыңызга (сиздин мамилеңизге жана иш-аракеттериңизге) кандай таасир тийгизди? 3. Чындыкты ЖАРЫЯЛАҢЫЗ. Жогоруда келтирилген чындыктардын ар бирин үн чыгарып окуңуз. Алардан кайсынысы азыр сиз үчүн актуалдуу? Өз акылыңызды Кудайдын Сөзү менен жаңылаңыз. Төмөнкү үзүндүлөрдү үн чыгарып окуңуз. Бул аяттар Кудайдын мүнөзү жөнүндө, Анын Өз балдарына болгон ойлору жөнүндө эмне дейт? Забур. 99:5 Забур 22 Забур 120 Рим. 8:28–39 4. Чындыктын негизинде ИШ ЖАСАҢЫЗ. Сиздин жашооңуз чындыкка туура келиши үчүн кандай кадамдарды жасашыңыз керек? 5. Чындыкта жүрүш үчүн Кудайдан сизге жардам беришин СУРАНЫҢЫЗ. Ата, мен Сенин жакшы экениңди жана Сен жасаган нерсенин баары жакшы экенин мойнума алам. Сен ката кетирбей турганың үчүн рахмат, Сага бул жарык дүйнөдөгү бардык нерсени, менин бүт өмүрүмдү ишенип тапшырууга болот. Мен Сен мага жакшы болушу үчүн кам көрөөрүңө жана дайыма Өзүңдүн жеткилең эркиңди ишке ашырууга аракет кыла турганыңа ишенем. Сенин акылмандуулугуңа, жакшы экениңе жана сүйүүңө ишенбегендигим үчүн мени кечиришиңди суранам. Мен Сени абдан аз биле турганымды жана Сенин каалоолоруңду туура эмес талдаганымды моюндайм. Сени таанып билүүгө, сүйүүгө жана Сага ишенүүгө мени үйрөтүшүңдү суранам. Ыйсанын ысмынан. Омийин. # ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ. ӨЗҮ ЖӨНҮНДӨ… АЯЛДАР ИШЕНГЕН ЖАЛГАН Кымбаттуу күндөлүк, Акыркы бир нече жума менин жашоомдогу эң оор жумалар болду. Мен кимдир-бирөө менен сүйлөшүүм керек. Адам экөөбүз көчкөндөн бери, мамилебиз жакшы болбой жатат. Билбейм, ал мага качандыр-бир кайрадан ишенет бекен. Албетте, мен аны күнөөлөй албайм, анткени мен анын жашоосун будуң-чаң кылып жибербедимби. Мен өзүмдү ушунчалык акылсыз сезип жатам. Адам мага ошол жылан кандай таасир калтырганын билбейт. Ал ушунчалык жагымдуу болду, мен ага каршы тура албай калдым… Мен ушул убакытка чейин өзүмдү карап, жылаңач экенимди түшүнгөн учурду башымдан өткөрүп жатам. Андан кийин мен Адамды карадым жана ал дагы ошондой ойлоп жатканын түшүндүм. Биз жолуккандан бери эң биринчи жолу мен анын көзүнө карай албадым. Буга чейин биз бири-бирибизден уялчу эмеспиз. Эми болсо биз бири-бирибиздин жаныбызда болгондо жайлуу эмес болот. Кудай бизге пайдасыз пальманын жалбырактарынын ордуна чыныгы кийим бергенине карабай, мен баары бир өзүмдү сырттан эмес, ичимден коргоосуз сезип жатам. Мен эч качан Адамдын көз алдында кандаймын деп ойлогон эмес элем. Мен дайыма ал мени сүйөөрүн жана мени Кудайдын жараткандарынын ичинен эң сулуусу деп ойлой турганын билчүмүн. Эми болсо мен анын мени сүйөөрүнө жана мени сулуу деп эсептей турганына көп шектенчү болдум. А мүмкүн, Кудай мени ага бергенине өкүнүп жаткандыр? Бир нече ай мурун менин бир көзүм абдан ооруп, мен өзүмдүн контакт линзаларым менен жүрө албай калдым. Мен башында бул аллергия кармап калды деп ойлодум, анан таблетканын жардамы менен жок кылганга аракет кылдым. Бирок маселе чечилбеди. Көздүн үстү дүүлүккөндүктөн, мен линзадан жакшы көрө албай калдым, бул менин көрүүмдү бузду. Акырында дүүлүккөнү күчөгөндүктөн, мен линзаны алып салып, окулистке кайрылууга туура келди. Ал менин көзүмдү карап, иш аллергияда эмес, менин көзүмдө да эмес, а линзада экенин түшүндүрдү. Линза кандайдыр-бир жол менен бузулуптур: ал жалпак болуп, көздү өйкөп, дүүлүктүрүп жатыптыр. Көрүүнү калыбына келтирүү үчүн, бузулган линзаны башка жаңысы менен алмаштыруу керек болду. Биздин Кудайдын мүнөзү жөнүндөгү элестетүүлөрүбүз чоң мааниге ээ, себеби ал биздин башка бардык түшүнүктөрүбүзгө таасир этет. Кудайды туура эмес кабыл алуу болгон чындыкты кабыл алуубузду өзгөртөт. Көп учурда биз жаныбыздагы кыжырдануунун же дүрбөлөңдүн себеби адамдарда же абалда эмес, а биздин бузулган линза аркылуу карап жатканыбызда экенин билбейбиз. Биздин Кудай жөнүндөгү түшүнүктөрүбүз өзүбүз жөнүндөгү элестерибизге күчтүү таасир тийгизет. Эгер биз Аны чынында Кандай болсо Ошол бойдон көрбөсөк, эгер биз Анын инсандыгы жөнүндөгү жалганга ишенсек, анда өзүбүз жөнүндө да туура эмес ойлоорубуз талашсыз. Эгер биз Кудайды төмөн бааласак, анда биз өзүбүз да бир байкуш болобуз. Эгер биз Кудайды ааламдын үстүнөн бийлиги болбогон, алсыз, күчсүз кылып элестетсек, анда өзүбүздү жардам бере турган эч кими жок катары көрөбүз, биз толкундан жана ыңгайсыз абалдардан өтө албайбыз. Эгер биздин Кудай эч нерсеге турбаса, анда биз да эч нерсеге турбайбыз деп ойлойбуз. Эгер биз Кудай жөнүндөгү жалганга ишенсек, анда өзүбүз жөнүндөгү жалганга ишенебиз. Мисалы, төмөнкүдөй… ## Мен эч нерсеге турбайм Биз суроо-жооп жүргүзгөнүбүздө 42% ашык аялдар ушул жалганга ишене турганын белгилешкен. Бул абдан күчтүү жалган, сиз алардын күбөлүктөрү боюнча буга ынана аласыз: Мен өзүмдү башкалардан төмөн сезем жана бул менде өмүр бою азап болгон. Көп кезде мен өзүм кишиге абдан бат үйүр алуучу адам болсом да, бул мени башка адамдар менен болгон мамиледен баш тартканга мажбурлачу. Мен өзүмдү санда жок сезгендиктен, дайыма башкалардын макул табуусунан көз карандылыкты сезем! Эгер адамдар мени жакшыраак билишсе, анда мен эч нерсеге турбай тургандыгым менен макул болушмак. Бактысыз никеден улам өзүмдү санда жок катары сездим, эч ким, Кудай да мени сүйбөйт деп ойлочумун. Мен дайыма: сүйүктүү болуш үчүн, жеткилең болуш керек деп эсептечүмүн. Мен эч кандай стандартка туура келчү эмесмин, демек Кудай да мени сүйө албайт эле. Өзүн эч кимге кереги жок деп сезүү — биздин айланадагылардан, өзгөчө бала чагыбызда уккан жалганга ишенүүнүн жыйынтыгы. Бала чагымда мага келесоосуң, сынык тыйынга да турбайсың дешчү. Убакыт өткөн сайын мен ушундаймын деп ишенип калдым. Ушул убакытка чеийн бул коркунучтан бошоно албай жүрөм. Мен бул дүйнөдө кимдир бирөө боло алам деп ишене алчу эмесмин, анткени мага бала чагымдан муну айтышкан. Адамдар мени эч нерсеге түшүнбөгөн, акылы өспөй калган адам катары кабыл алышчу. Мен ошого ишенчүмүн. Мен жабылып, адамдар менен мамиле кылгым келчү эмес. Мен өмүр бою менин жакшы досторум, өзүмдүн үй-бүлөм эч качан болбойт деп ишенчүмүмн, менин эрте өлүмүмдүн себеби мени өмүр бою ээрчип кыйнап келген оору жана азаптар болот деп ишенет элем. Маселе көбүнчө биз жөнүндө башка адамдардын ойлору менен өзүбүздү баалаганыбызда. Кээде алардын сөздөрү туура жана пайдалуу болуп калат. Бирок дайыма эмес. Эгер биз ойлоруна кулак салган адам кандайдыр-бир себеп менен бизге сынык «линзалар» менен караса, анда анын түшүнүгү бурмаланат. Биздин кээ бирлерибиз «кыйшык» күзгүдөгү чагылууну чындык катары кабыл алгандыктан, өмүр бою эмоционалдык түрмөдө жашап келгенбиз. Адамдардын сөздөрү теориялык жактан туура болгон кезде да, жалганчы бул маалыматтарды бизди кулга айлантыш үчүн колдонушу мүмкүн. Мисалы, алты жашар кызга анын досу адилеттүү түрдө эле: «Сен семизсиң!» — деп айтышы мүмкүн. Бул кичине кыз эгер «Мен семизмин. Ошондуктан: •мен дайыма семиз бойдон калам, •эч ким эч качан мени сүйбөйт жана менин досум болууну каалашпайт, •мен өзүмдү эч кандай элестете албайм, •мен башкаларга жагышым үчүн, компаниянын жаны болушум керек» деген байкоонун жалган жыйынтыгына таянып чоңойсо, бир убакта кулчулукта болуп калышы мүмкүн. Кээде бала чактагы жалгыз-бир эскертүү адамды көп жыл бою артынан кууп жана кыйнап келиши мүмкүн. Төмөнкү Минди деген аял менен да ушундай болгон: Мен алты жашымда, мага менин жашоого укугум жок экендигин жана бул жарык дүйнөгө такыр келбешим керектигин айтышканы эсимде. Муну ким айткандыгын эстей албайм, бирок менин апам жөн гана менин жанымда турганы жана буга эч кандай жооп айтпагандыгын эстейм. Мен жабылып калганмын жана мага адамдар менен сүйлөшүү абдан кыйын болуп калган. Жетинчи классымда мени атайын мектепке которуу чечими чыгарылды. Мени ал жакта кабыл алышты, бирок окуучулар абдан көп болгондуктан, жыйынтыгында мен кадыресе эле мектепке кайрылып келдим. Бирок мен эч качан менин ордум ошол жакта деп ишене алган жокмун. Бүгүнкү күнгө чейин мен зээнсиз, нормалдуу эмес жана мени адамдардан алыс кайсы-бир жерге камап коюш керек деп ишенчү элем. Жогорку класстарда менин эч кандай досторум болгон жок, адамдар мени атайылап капа кылууга аракеттенишчү. Жыйынтыгында мен андан бетер жабылып, депрессияга чөмүлүп калдым, уктап калып, ошол бойдон ойгонбосом деп кыялданчумун. Бул окуяда адам кулчулукка кантип кабыла тургандыгы жөнүндө процесс абдан ачык көрүнүп турат. Башында, бала чагында эле, бул аялга абдан үрөй учура турган, талакалай турган жалганды айтышкан. Ал аны уккан, андан кийин ага чындык менен каршы тургандын ордуна, ошол жөнүндө бул чындык деп ишенип калганга чейин ой жүгүрткөн. Аягында ал бул жалгандын негизинде иш жасап калган («Мен жабылып калдым…»), анан жалган аны кул кылып алган. «Мен андан бетер жабылып, депрессияга чөмүлүп калдым, уктап калып, ошол бойдон ойгонбосом деп кыялданчумун». Өзүн кабыл алуусу адамдын келечегин, анын өмүрүн аныктайт. Эгер биз жалгандын негизинде ишенип жана иш аткара турган болсок, анда кулчулукта болуп калабыз. Бул төмөнкү күбөлүк сөздү тастыктайт: Мен абдан узак убакыт түккө да турбайм деп ишенип келгем. Тобо кылгандан кийин да мен «көлчүктөгү баткактай санда жокмун» деп ойлочумун. Мына ошол себептен мен депрессияга чөгүп кеттим. Башында мен адамдардан алыстай баштадым, жыйынтыгында мени жараткан Кудай каалагандай кубанычта жашаган жокмун. «Мен түккө да турбайм» — мен буга өмүр бою ишенип келгем. Мен дайыма бул жалган менен жана айланадагылардын жактыруусун дайым талап кылуу менен күрөшүп келдим. Мен ыгы жок чектен чыгып кеттим — баарына жагууга аракет кылдым, менин оюм боюнча кандай көрүнүшүм керек болсо, ошондой көрүнгөнгө аракет кылдым. Мындай күбөлүктөр жалгыз эмес. Бүгүнкү күндө көптөгөн аялдар жанынын барынча өздөрүнө жакшы мамилени издешет; аларды айланадагыларга жагынууга болгон каалоо кыймылдатып турат. Алар өздөрү өткөн кезинде алган терс мамилени көз алдына келтире алган тараза менен ордун толтурууга аракет кылып жаткандай болушат. Бирок көп учурда аларды санда жок киши экенине ишендиргенге мажбур кылган жаралаган терс сөздөрдү эч кандай сандагы оң нерселер басып кете албайт. Жактыруулар дайыма жетишсиз. Алар өздөрүнүн сырткы келбети же жумушу жөнүндө жүз жылуу сөз угушу мүмкүн, бирок үй-бүлөнүн бир эле мүчөсү кандайдыр-бир терс нерсе айтса, баары баштапкы абалына келип калат. Эмне үчүн? Анткени алар баалуулуктарын башка адамдар аныктаганга жол берип жатышат. Петирдин биринчи катында Ыйсанын баалуулугу кантип аныкталгандыгы көрсөтүлгөн аят бар — Ал жөнүндөгү айланадагылардын ою боюнча эмес (ал жакшы же жаман экенине карабастан), а Анын Асмандагы Атасынын көрсөткөн чындыгы боюнча аныктаган. Ал адамдар тарабынан четке кагылган, бирок Кудай тарабынан тандалган жана Ал үчүн кымбат баалуу (1 Пет. 2:4 караңыз). Ыйса адамдар тарабынан четке кагылган — Ал Өзү үчүн жараткан, Ал сүйгөн жана Өз өмүрүн берген адамдар тарабынан — четке кагылган. Бирок бул Анын баалуулугун аныктаган эмес. Ал Кудай тарабынан тандалган, мына ушул Анын маанилүүлүгүн аныктаган. Кимдир-бирөө боек менен сүрөт тартуу искусствосунда эч нерсени түшүнбөйт, анан эң сонун тартылган сүрөттү таштанды салган чакага ыргытып жибергенин элестеткенге болот. Бул учурда ал сүрөттүн баасы төмөн түшүп кетеби? Албетте, жок. Чыгармачылык искусствосунун чыныгы баалуулугу аны баалаган адам таап алып: «Бул баа жеткис шедевр, мен ал үчүн кандай гана сумма болбосун төлөгөнгө даярмын», — деп айтканда ачык көрүнөт. Кудай Өзүнүн жалгыз Уулу Ыйсаны бул жерге сиздин жана менин күнөөлөрүбүздү айкаш жыгачка алып кетиш үчүн жөнөткөн кезде, Ал биздин жаныбыздын баасы катары дайындаган, Ал биздин жаныбыз бүт дүйнөгө караганда да жогору турганын жарыялаган. Сиз кимдин оюн кабыл аласыз? Жалганга болгон ишеним сизди кул кылат. Чындыкка ишенүү — эркиндикке чыгарат. ## Мен өзүмдү сүйгөндү үйрөнүшүм керек «Өзүн төмөн баалоо» — биздин замандагы эң кеңири таралган диагноздордун бири. Профессионалдык психологдор бул диагнозду өзүнүн пациенттерине коюшат, мугалимдер өз окуучуларына, кайтаруучулар жыйынга келгендерге, ата-энелер — балдарына коюшат жана көп сандаган адамдар мунун өздөрүндө бар экендигин моюнга алышат. Дүйнө өзүнүн баалуулугунун төмөн экендигин баалаган оорулууларга жазып берген рецепти мындай: «сен өзүңдү сүйгөндү үйрөнүшүң керек». Бул популярдуу психологиянын жана өздөрүн сүйүүнүн жолун издеген адамдардан турган коомдун дарымдоосу болуп калды. Бир диний товарлардын каталогунда «Өзүңдү өзүң сүй» деген акро ыр жазылган спорт көйнөгү бар. Өзүңдү өзүң сүй! Замандагы баары сен үчүн жаралган. Үлгү бол, эркин бол — ошол үчүн жаратылгансың, Не болсо да, өзүңдү көрсөтүүнү изде. Дайыма сен кымбат баалусуң — шектенүү кетсин! Үзүлбөсүн үмүтүң. Өз баалуулугуңду көрүш үчүн сыйын. Зарыгып сени сүйгөндөр менен айланаңды курча, «Үйүңдөгү» сагынычты жана күнөөлүү сезимди куу, Назик болгон Кудайдын өзгөчө сүйүүсүн сез. Сенин өз каалооңду ук, кубан, шаттан, өзүңдү эркелет, Үн көтөрүп, сени сындагандардан кач, Ишенгин, «Мен» — бул абдан керемет сөз! Башка каталогдо төмөнкүдөй сөздөр жазылган «сыйкырдуу пижама» (алар адам күзгүгө барып көрүнгөндө окуй ала турган болуп жазылган) бар: «Мен кымбат баалуу, таң калтырарлык, өзгөчө, баалуу, жоомарт, сейрек, бүтүн, ыйык, толук, татыктуу, падышалык жана кадыр-барктуу инсанмын». Бул пижама «сиздин канчалык кымбат баалуу жана өзгөчө экениңизди эскертүү үчүн» даярдалган. Көпчүлүк учурда ушуга окшогон рекламаларда жалган толугу менен чындыкка каршы болбогон учурлар кездешет. Кудайдын Сөзү биздин Кудайдын образы жана бейнеси боюнча жаратылгандыгыбызды, Ал бизди сүйө турганын жана биз кымбат экенибизди тастыктайт. Бирок бул жерде биздин эч кандай сиңирген эмгегибиз жок. Эгер биз өзүбүздү гана мактай турган болсок, Кудайдын сүйүүсү ачык сезиле турган болбойт. Тескерисинче, Ыйса биздин жаныбызды жоготкондо гана аны таба ала турганыбыз жөнүндө окуткан. Өзүн сүйүү жөнүндөгү окутуулар адамдарды жалгыздыкка жана бактысыздыкка алып келет. Адамдар: «Мен өзүмө эч качан жакчу эмесмин», же «Жөн гана ал өзүн сүйбөйт» деген сөздөрдү канчалык көп айтышат? Жазуу боюнча, чындык мында, биз өзүбүздү сүйөбүз — ашыкча сүйөбүз. Ыйса бизге жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй деп буйрук бергени, биз башкаларды сүйүшүбүз үчүн эң алгач өзүбүздү сүйгөндү үйрөнүшүбүз керек дегенди билдирбейт. Ыйса биздин өзүбүзгө табигый түрдө канчалык көңүл буруп, кам көрө турган болсок, ошончолук башка адамдарга көрсөтүшүбүз керектигин айтат. Эгер менин тишим ооруса, мен ошол замат абалды анализдеп, маселени чечкенге аракет кылам. Эгер мен «өзүмдү сүйбөгөн» болсом, анда ооруга жөн гана көңүл бурмак эмесмин. Бирок кимдир-бирөөнүн тиши ооруса, кош көңүл болуп коюу жеңил — анткени бул анын көйгөйү. Биз табигый түрдө өзүбүздү сүйөбүз, бирок башкаларды ошондой табигый түрдө сүйө албайбыз. Эфестиктерге жазылган катта да ушул айтылат, Пабыл күйөөлөргө өз аялдарын сүйүүнү буйруйт, «…өздөрүнүн денесин сүйгөндөй сүйүшү керек… Анткени эч ким эч качан өзүнүн денесин жек көрбөйт… өз денесин азыктандырат, жылытат» (Эф. 5:28–29; курсив меники. — Н. Д.). Биз дайыма өзүбүз жөнүндө кам көрөбүз, өз бактысыздыгыбыз үчүн терең кайгырабыз, адамдардын кылган иштерине дайыма туруштук бере албаганыбызды моюнга алабыз. Биздин кээ бирлерибиз ушунчалык жаралуу экенибиздин себеби биз өзүбүздү жек көргөнүбүздө эмес, а өзүбүздү абдан сүйгөндүгүбүздө! Бизди кабыл алышын, биз менен назик мамиледе болушун каалайбыз. Өзүбүздү ошончолук сүйбөгөндө, бизди четке каккан учурда, кабыл албай койгондо жана жакшы көңүл бурбай койгондо тынчсызданмак эмеспиз. Биз өзүбүздү жек көрбөйбүз, бизге өзүбүздү сүйүүнү үйрөнүштүн кереги жок. Кудайды жана айланадагыларды чындап сүйүш үчүн, өзүңдү жаратпай коюуну үйрөнүш керек. Биздин оорубуз — «өзүн өзү төмөн баалоо» эмес жана өзүнө жаман мамиле кылуу эмес. Бул Кудайды төмөн баалоого жакын. Биздин маселе — «өзүңдү адекватсыз кабыл алууда» эмес, а «Кудайды адекватсыз кабыл алуу». Биз өзүбүздү көп сүйүүнүн кереги жок, Анын бизге болгон чексиз сүйүүсүн, биздин жашообузга болгон Анын оюн жана максатын кабыл алуу керек. Биз Анын сүйүүсүн кабыл алганда, өзүңдү айланадагылар менен салыштыруунун кереги жок болуп калат. Биз «өзүбүз» жөнүндө ушунчалык көп ойлонбой калабыз. Анын ордун биз Анын сүйүүсүн башка адамдарга өткөргүч болуп калабыз. ## Мен өзүмдү эч нерсе кыла албайм Бул көп адамдарды өмүр бою кул кылып алган дагы бир жалган. Бул жалганга биз баарыбыз ишенип келгенбиз. Мүмкүн сиз төмөнкү аялдадын биринен өзүңүздү тааный алаттырсыз: Мен «дайыма ата-энемдей болом. Анткени бул тукум кууйт, бул жерде эч нерсе кыла албайсың» деген жалганга ишенип келгенмин. Менин атам кызматчы болчу. Бирок алар апам экөө Кудайдан жана жыйындан четтеп кетишти. Мен Кудайга дайыма ишенимдүү болууга мүмкүн эмес деп эсептечүмүн. Эгер менин ата-энем кыла алышпаса, анда менин деле колумдан келбейт. Мен өзүм менен эч нерсе кыла албайм деп эсептегендиктен, өзүмдүн жалкоолугумду жана тартипсиздигимди актачумун. Мен ашыкча салмак менен маселем бар экенине ишенчүмүн, анткени атамдын бардык үй-бүлөсү семирип кетүүдөн азап тартышат. Мен алардын денелик түзүлүшүн мурастагамын жана ошондуктан дайыма азап тарта турган болом. Муну менен күрөшүүнүн кереги жок — мен баары бир семирип кетем. Ошол үчүн мен өзүмдүн тамакка тартылуумда аларды күнөөлүү деп саначумун. Биз өзүбүздөн өзүбүзгө жакпаган же Теңирге жакпаган нерсени байкайбыз. Бирок өзүбүзгө өз тандообуз, мамилебиз жана жүрүш-турушубуз үчүн жоопкерчилик алгандын ордуна, биз толгон токой актанууларды ойлоп чыгарабыз: • Биздин үй ушунчалык тар, баары менин кыжырымды келтирет. • Менин жумушум абдан оор, үйгө келгенимде балдарыма кыжырданбай кое албайм. • Бул жөн гана оор күндөр. • Менде азыр гормоналдык үзгүлтүккө учуроо. • Мен абдан чарчадым, эч нерсеге күчүм жок. • Менин үй-бүлөмдө эч ким чатакты чече алган эмес. Биз баарын ичибизге топтоп, эч нерсе болбогондой анткорлонуп койчубуз. Мен ушу кезге чейин ошол жараат берген нерсе жөнүндө сүйлөшө албайм. • Мени ата-энем эч качан мактаган эмес, мен өзүмдү сүйүктүү сезген эмесмин. • Менин апам жана тайнем маниакалдуу депрессиядан азап чегишкен. Бул тукум кууй турганга окшош. • Менин апам эч качан мен үчүн чыныгы апа болгон эмес, ошондуктан өз балдарымды кантип тарбиялоону мен билбейм. • Менин бала чагым кыйын болгон, мен адамдарга ишене албайм. • Мурунку күйөөм мени дайыма кемсинткен, менин өзүмдү төмөн баалоомо ал күнөөлүү. Бул айтылгандардын баарында башкалар күнөөлүү, а биз болсо жөн гана курмандыкпыз, башка адамдар тарабынан алган жарааттардан азап чегип кыйналабыз. Обонун тарыхынын үстүнөн ой жүгүртүү менен биз бул аялдын күйөөсү да, балдары да күнөөлүү эмес экендигин түшүнөбүз. Аялдардын маселесинде эркектер айыптуу деп тастыктаган заманбап феминизмге каршы, Обонун жашоосун эркек бузган жок. Обо мында өз чөйрөсүн да айыптай алган жок. Тескерисинче — ошол шартта ийгиликке жетүү жана бактылуу болуу жеңил болгон. Обо менен анын күйөөсүндө каражат тууралуу маселе, жумуштагы маселе, жагымсыз кошуналар, багында отоо чөптөр болгон эмес; аларда кайнене менен да маселе болгон эмес! Обо болгон кайгыда эч кимди айыптай алган жок. Маселе анын өзүнөн башталды. Обо өзүнүн жолун тандады — мында күнөөлөй турган эч ким жок. Бул чечим аны эркиндиктен кур жалак калтырды жана ага, анын үй-бүлөсүнө жана бардык кийинки муунга укмуштуудай азапты туудурду. «Мен өзүмдү эч нерсе кыла албайм» деген жалган — бизди айланадагы адамдардын жана сырткы шарттардын жардамсыз курмандыгына айлантат. Ал кимдир-бирөө же башка бирдеме биздин келечегибиз үчүн жооп берет, бизде өзгөрүүгө эч кандай бийлик жок, биз болгону куурчакпыз дегенди билдирет. Биз эмнегедир кимдир-бирөө түрткүлөгөндө гана кыймылдай турган болуп калганбыз деп ишенип калдык. Бул жалган бизге өзгөрүүгө боло турган эч кандай үмүт бербейт. Шайтан эгер биз өзүбүздү көзөмөлдөгөнгө жөндөмсүз экенибизге ишенсек, анда эч качан өзгөрбөй турганыбызды билет. Биз кулчулукта жашайбыз. Эгер биз жеңилүүгө, күнөөгө же бактысыздыкка дуушар болушубуз керек деп ишенсек, анда жеңилүүгө учурайбыз, күнөө кылабыз, бактысыз жана көңүлү калган аялдар болобуз. Бирок бизде тандоо бар. Биз өз чечимибиз үчүн жооп беребиз. Биз Ыйык Рухтун күчү менен өзгөрө алабыз. Биз чындыкты таанып, аны кабылдаган кезден тартып, биз өткөн жашоонун, ар кандай шарттардын жана акыл-эсибиздин терең жеринде тамырлап калган жүрүш-туруштун моделинен бошонобуз. ## Менин укугум бар «Тартып алынгыс укук»… «Сен өз жашооңду бөлүштүргөнгө укуктуусуң!»… «Сен сапаттуу тейленүүгө укугуң бар!» Конституциядан тартып тез тамактана турган ресторандардын тармактарына чейинки бардык жерде: «Менин укугум бар» деген лозунг бар. Ал батыш цивилизациясынын өзүнчө паролу болуп калды. Биздин муундагы аялдар аны бекем кармап жабышып алышты. Феминист аялдардын заманбап кыймылы аялдардын укуктарын: шайлоо укугу, үй чарбасынын кишендеринен эркин болуу укугу, карьерада бирдей мүмкүнчүлүккө ээ болуу укугу, эркектер менен бирдей маяна алуу укугу, өз денесин башкаруу укугу, эмнени кааласа айтуу жана жасоо укугу, кандай кааласа, ошондой болуу укугу, күйөөнүн фамилиясын албоо жана «эркектик деспотизмдин» башка түрлөрүнөн көз каранды болбоо укугун коргоо менен кармалып турат. Аялдарды эркиндикке жана бакытка чыга турган жол өз укугун коргоо аркылуу деп ишендиришти. Аягында «эгер өзүң үчүн өзүң турбасаң, сен үчүн эч ким жасабайт!» Бирок мен өз укуктарын коргойбуз деп, аялдар бүгүнкү күндө азаптуу абалда калышты деп ишенем. Мен абдан көп учурда «укугун коргоону талап кылуу» дайыма эле күткөн жыйынтыкка алып келбей тургандыгы жөнүндө угам: Менин укугум бар деген ишенич көптөгөн кереги жок талаш-тартыштардын себеби болду, ошонун айынан менин жашоом чыдай алгыс болуп калды. Мен өзүмдүкүн талап кылган кезде, кыска убакытка кандайдыр-бир канааттануу алам, бирок бат эле көңүлүм чөгүп баштайт. Чындыгында дүйнө жүзүндөгү адамдар ийгиликтүү мамилелерди жана туура маданиятты өздөрүнүн укугун талап кылган кезде эмес, а башкаларга жол бергенде түзүшөт. Ал тургай биздин жол кыймылынын эрежелери да бул принципти чагылдырып турат. Сиз эч кайсы жерден: «Сиздин өткөнгө укугуңуз бар» деген белгини көрбөйсүз. Тескерисинче, биздин белгилер мындай: «Жол бошот». Бул принцип жол кыймылынын сисемасы үчүн оптималдуу. Ал биздин жашообузда да мыкты орун тапмак. Андан сырткары өз укугун талап кылуу идеясы абада учуп гана жүрөт. Алтымышынчы жылдардын баш аламандыгы жана дүрбөлөңү укук жөнүндөгү философияны чыгарды. Бул идея биздин машайакчылык маданияттын да бөлүгү болуп калды. Ал биздин сүйлөшүүлөргө да кирип келди. Ал биздин дүйнөгө болгон көз карашыбыды калыптандырат. Бүгүнкү күндө төмөнкүлөр өзүнөн-өзү белгилүү: • бактылуу болушка укугуңуз бар; • сиздин адамдарды түшүнгөнгө укугуңуз бар; • сиздин сүйүктүү болууга укугуңуз бар; • сиздин жашоодо анык стандартка, эмгек акысы ылайык келе турган жана кээ бир жеңилдиктерге укугуңуз бар; • сиздин жакшы никеде болгонго укугуңуз бар; • сиздин достукка жана романтикалык сүйүүгө укугуңуз бар; • сиздин бирге иштешкендердин сыйлоосуна ээ болууга укугуңуз бар; • сиздин күйөөңүз баалап, балдарыңыз сыйлаганга укугуңуз бар; • сиздин дем алыш күндөргө жана эс алууга укугуңуз бар; • сиздин уйкуңузду кандырганга укугуңуз бар; • сиздин күйөөңүз үй иштерине жардам бергенге укугуңуз бар. А эң негизгиси болсо, эгер сиздин укуктарыңыздын бири бузулса, сиздин каршы болгонго укугуңуз бар. Сиздин ачууланганга укугуңуз бар. Сиздин депрессияга укугуңуз бар. Сиздин кандайдыр-бир чара көргөнгө укугуңуз бар. Сиздин өз укугуңузду талап кылганга укугуңуз бар! Эски Осуяттагы Жунус пайгамбар өз укугун талап кылганга болгон табигый адамдык тартылуунун жана бул «укуктар» бузулганда ачуулануунун мисалын көрсөтөт. Жунус Нинебинин жашоочуларын сүйбөгөнгө укугу бар деп сезген. Ал кайсы жерди кааласа ошол жерде кызмат кыла турган укукка ээ болчу. Кудай бутпарастарды кантип жазалай турганын көргөнгө укугу бар эле. Кудай Жунус туура деп эсептегендей иш жасабаган кезде «Жунус абдан капа болуп, аябай туталанды» (Жунус 4:1). Ал ушунчалык капа болгондуктан, Кудайдан анын жанын алышын суранган. Өзүн өзү өлтүрүү жөнүндөгү ой —сезимдерден келип чыккан жыйынтык болчу. Теңир Жунуска боору ооруган жок, Ал Жунустун ызаланган сезимдерин аяган жок. Тескерисинче, каршылык кылып жаткан пайгамбарга суроону кабыргасынан койду: «Ошондо Теңир айтты: «Чыны менен эле, бул сени ушунчалык капаланттыбы?» [2] Жунус бул суроого жооп берүүдөн баш тартты. Ал Нинебинин четине чыгып, өзүнө алачык жасады да, Кудай өз чечимин өзгөртөт бекен жана шаарды талкалайт бекен деп күтүп отурду. «Кудай Өз ырайымы менен бир өсүмдүк өстүрдү. Жунусту кайгыдан куткарыш үчүн, анын башына көлөкө болуш үчүн, ал өсүмдүк жогору көтөрүлдү. Жунус ал өсүмдүккө абдан кубанды» (Жунус 4:6, курсив меники. — Н.Д.). Жунустун эмоционалдык абалы анын укугун сактоодон көз каранды экенин көрдүңүзбү? Жунуска өзү жек көргөн бутпарастарга Кудайдын ырайым кылганы жакпады жана Кудайга капа болду. Ал эми Теңир ага сооронуч кылып, ысык чыгыш күнүнөн коргоо үчүн көлөкөнү берди, Жунус кубанды. Бирок анын кубанычы көпкө созулган жок, себеби кийинки күнү эрте менен Кудай бул өсүмдүктү жеш үчүн курт жөнөттү, ал куурап калды. Андан кийин Ал аптаптуу чыгыш шамалын жана куйкалай турган күн нурун жиберди, Жунуска абдан жаман болду. Кайрадан пайгамбар өзүнө өлүм тиледи. Кудай кайрадан Жунустун укугу жөнүндө айтты: «Чыны менен эле сен бул өсүмдүк үчүн ушунчалык капа болдуңбу?» [3] Жунус жооп берди: «…аябай капа болдум» (Жунус 4:9) [4]. Жунус өзүнүн жашоосун жана сырткы абалдарды өзү бөлүштүргөнгө укугум бар, айланадагы нерсенин баары мен ойлогондой болгонго, бирдеме ишке ашпай калса, кыжырданып, ачууланганга укугум бар деп ойлоду. Өз укугун талап кылууга умтуулуу Жунусту эмоционалдык туруксуздукка, жалгыздыкка жана Кудайдан бөлүнүүгө алып келди. Кээде Жунустун окуясы менин өзүмдү эскерткени өкүнүчтүү. Абдан көп учурда мен өзүмдөн кыжырданууну жана мен каалагандай болбой калган кезде нааразычылыкты табам. Мен үчүн жумушта башкалардын чечим чыгаруусу, автобустагы орой айдоочу, дүкөндөгү узун кезек, жакын адамдын оозунан чыккан, ойлонбой айтылган сөз, досума болгон бир аз таарыныч (реалдуу же атайын ойлоп чыгарылган), менин ишенимимден чыккан адам, эми эле көзүм жумулганда мени уйкудан ойготкон телефондун коңгуроосу… Эгер ар бир учурда мен өзүмдүн укугумду талап кыла берсем, анда мен үчүн маанайдын чөгүшү, чектен чыккан талап жана ачуу сөзсүз болушу гарантияланат. Бул эмоционалдык жана руханий каруселди токтотуунун жалгыз жолу — бул жашоодо бардык нерсеге эксклюзивдик укукка Ким ээ болсо, Ошого өз укугуңду багынтуу. Бул бизди эркин кыла турган чындык. ## Ички сулуулукка караганда сырткысы маанилүүрөөк Биздин коом бул жалганды кыздарга жана аялдарга кичинекей чагынан тартып эле аябай аракет кылуу менен насааттап жатат. Бул жалган бардык жерде айтылат: телеберүүлөрдө, фильмдерде, ырларда, журналдарда, китептерде жана жарнактарда. Бизди жашоодо сырткы сулуулук баарынан жогору деп ишендиришет. Аялдар буга ишенишет: ооба, эң башкысы — сулуулук, денелик сулуулук деп. Ал тургай кээде ата-энелер, инилер жана сиңдилер, мугалимдер жана достор өздөрү билбей туруп, бул хорго кошулуп ырдашат: «жакшынакай» жаш балдар өз дарегине «ой-иииий», «ай-иииий» деген сөздөрдү алышат жана жалпы көңүлдү бурдуртушат, ошол эле кезде өтө жагымдуу болбогон балдар жагымсыз эскертүүнүн, көңүл коштуктун жана ачык эле четке кагуунун объектиси болуп калышы мүмкүн. Мен сырткы сулуулукка көңүлү түшүү биринчи эле аялда пайда болгонуна ишенем. Эсиңиздеби, Обону тыюу салынган жемиштин эмнеси тартып турганы? Аял дарактын жемишинин жегенге жакшы экенин, көзгө сүйкүм экенин көрдү. Ал билим бергендиктен, аялды өзүнө тартып турду. Аял анын жемишинен алып жеди. (Башт. 3:6) Дарактын жемиштери пайдалуу болчу (дарак «жегенге жакшы эле»), алар Обого каалаган акылмандыкты убада кылышты. Бирок дагы бир маанилүү болгон факт, алар «көзгө сүйкүм эле» — алардын сырты жагымдуу эле. Душман аялды ишеним жана тил алчаактык деген сапаттарга караганда сырткы жагымдуулугун баалаганга мажбур кылган. Маселе дарактын сулуулугунда эмес эле — аны ошентип Кудай жараткан. Обо Кудай жараткан нерселердин сулуулугу менен канааттанып жашай алат эле, бирок ал сырткы нерсеге ашыкча берилип кетти. Ал жалганга ишенип, анын негизинде иш жасай баштады. Сырткы жагымдуулуктун артыкчылыгы бардык адамдар үчүн норма болуп калды. Ошол учурдан тартып Обо менен анын күйөөсү өздөрүн жана өз денелерин башка көз менен карап калышты. Алар өздөрүн сырттан карап, өз денелеринен — сүйүктүү Теңир чеберчилик менен жасаган денелеринен уялышты. Алар бири-биринин алдында жылаңач калгандан коркуп, өз денелерин жабыш үчүн тез арада бирдеме издей башташты. Денелик сулуулук жүрөктүн сулуулугуна караганда маанилүүрөөк деген жалган аялдар менен эркектерди өздөрүн сулуу эмес, көрксүз деп сезгенге, уялганга жана бири-биринен уялганга мажбур кылат. Бирок денелик сулуулукка умтулуу көңүл калууга алып келет, бул жете албай турган максат. Ал тургай эң мыкты, сонун аялдар да өздөрүн сулуу деп эсептей алышпай турганын моюндарына алышат. Голливуддун фавориттеринин бири болгон Мэг Райан мындай деп айткан: «Мен бир аз таң калыштуудай көрүнөм деп ойлойм. Эгер мен сырткы көрүнүшүмдү өзгөртө турган болсом, анда мен узун тырмактуу, кичинекей тамандуу жана мурдумду кичине болушун кааламакмын» 1. Мүмкүн, сиз биздин денелик, сырткы сулуулукту көп баалаганыбыздын потенциалдуу зыянын көрбөй жаткандырсыз. Келиңиз, биздин негизги оюбузга кайтып келели: ишеним жашоо образын аныктайт. Эгер биз жалганга ишенсек, анда эртеби же кечпи ушул жалгандын негизинде иш жасап баштайбыз. Ал эми эгер биз жалганга ишенип жана анын негизинде иш жасап баштасак, анда кулчулукта болуп калабыз. Бул аялдардын ар бири сулуулук жөнүндөгү аныктуу бир жалганга ишенишкен. Бул алардын өздөрүнө болгон көз караштарын өзгөрткөн, ошого ылайык алардын жүрүш-турушу өзгөргөн, аягында алар кулчулукта болуп калышты: Мен аял киши эң биринчи сыртынан сулуу болуш керек деп ишенчүмүн, ошондуктан эч качан өзүмдү сулуу деп саначу эмесмин. Мен аркамдагы жана бутумдагы тырыктардан уялчумун. Сколиоздун айынан болгон опреациядан кийин менин аркамда жана бутумда абдан чоң тырыктар калган. Мен өзүмдү сулуу эмес деп эсептечүмүн жана уялчумун. Мен сырткы сулуулук (менин денем) — менин эң негизги бөлүгүм, өзгөчө эркектердин көзүнө деп ишенчүмүн. Мен абдан муктаж болгондуктан, өзүмө көңүл бурдуртуу үчүн, ушул нерсени колдонууну чечтим. Мен сексуалдык жактан кам көрө турган болуп калдым. Менин абдан жакшы көргөн сулуу эжем бар, бирок мен өзүм сулуу эмесмин. Мен дайыма башкаларга караганда жаманмын деп ишенчүмүн, мени башкалар кабыл алышы үчүн жан талашып аракет кылышым керек эле. Мен сулуу адамдар дайыма ийгиликке жеткенин көрөм. Менде мындай эч качан болбой турганын сонун түшүнөм, өзүмдүн сырткы келбетим жөнүндөгү өз элестетүүлөрүмдүн кулчулугунда жашайм. Мен өмүр бою менин баалуулугум менин сырткы келбетим менен өлчөнөт деп ишенчүмүн, албетте мен эч качан дүйнө талап кылгандай көрүнчү эмесмин. Ошондуктан менин өзүмдү баалоом төмөн болчу. Мен туура эмес тамактана баштадым, менде сугалактыкка болгон тартылуу жана никедеги маселелер пайда болду, себеби мен өзүмдү жагымсыз деп эсептечүмүн, менин күйөөм дайыма мага караганда сулуураак аялдарды карай тургандай сезилчү. Өзүңдү башкалар менен салыштыруу, атаандаштык, бузук жүрүш-туруш, секске болгон туура эмес кызыгуу, туура эмес тамактануу, жакшы эмес кийинүү, жароокерденип башкаларга жагынууга тырышуу жана эркектерге тийишүү — булар сулуулук жөнүндөгү туура эмес элестин жыйынтыгынын толук эмес тизмеси. Аялдарды бул жердеги кулчулуктан эмне бошото алат? Бир гана чындык биз ишенген жалганды жеңе алат. Кудайдын Сөзү бизге денелик сулуулуктун өтүп кете турган табияты жөнүндө жана өтүп кетпей турган ички сулуулуктун маанилүүлүгү жөнүндө чындыкты ачып берет: Сүйкүмдүүлүк алдап кетет, сулуулук өтүп кетет, бирок Теңирден корккон аял мактоого татыктуу. (Нак.сөз. 31:30) Жасалгаңар сырткы кооздуктар болуп эсептелген өрүлгөн чач, алтын жасалга, жакшы кийим эмес, Кудай алдында кымбат баалуу эсептелген, жүрөктө сакталган, туруктуу, момун жана жоош рух болсун. Качандыр бир убакта Кудайдан үмүттөнгөн ыйык аялдар да өздөрүн күйөөлөрүнө баш ийүү менен жасалгалашкан. (1 Пет. 3:3–5) Бул аяттар денелик сулуулук күнөө же өзүңдүн сырткы келбетиңе такыр көңүл бөлбөш керек деген нерсени айтып жаткан жок. Мындай элестетүү денелик сулуулук — биздин жашообузда эң негизгиси деген ката болгондой эле каталык болуп саналат. Ыйык Жазуу эч бир жерде сырткы сулуулукту соттобойт жана сырткы келбет эч кандай мааниге ээ эмес деп айтпайт. Ал Кудай берген сулуулук менен текеберденген, денелик сулуулукка ашыкча маани берген же жандын талабына зыян келтирүү менен денелик муктаждыктары жөнүндө кам көргөн адамды уяткарат. Шайтандын стратегияларынын бири — бизди бир чектен чыгуудан экинчи четке чыгууга мажбур кылуу. Биздин маданиятыбызда кийимдеги тыкандыкты, тартипти жана жагымдуу тандоону баалабай калды. Кээде мен машайакчы аялдарга айткым келет: «Силер ким экениңерди билесиңерби? Кудай силерди аял кылып жараткан. Анын белегин кабыл алгыла. Аялдык сапатка ээ болуудан жана денелик, рухий сулуулукту көрсөтүүдөн коркпогула. Силер Кудайдын балдарысыңар. Силер — Машайактын колуктусусуңар. Силер Падышага таандыксыңар, силер падышанын үй-бүлөсүнөнсүңөр. Силердин бийик жана ыйык чакырууңарды чагылдыра тургандай кийингиле жана өзүңөрдү алып жүргүлө. Кудай силерди дүйнөдөн чакырып алган, силерди дүйнө өзүнө ылайык калыптандырганга жол бербегиле. Дүйнөнүкүндөй ойлонбогула, кийинбегиле жана өзүңөрдү алып жүрбөгүлө. Элдерге Ал силердин жашооңорду ичинен жана сыртынан канчалык күчтүү өзгөрткөнүн көргөнгө жол бергиле». Биз, жүрөктөрүндө Машайак жашаган аялдар, биздин ички жана сырткы адамыбыздагы Кудайдын сулуулугун, тартибин, эң сонун кооздугун жана ырайымын чагылдырып жашаганга аракет кылышыбыз керек. Машайакчы-аял бул суроодо керектүү балансты издөөдө дагы көп себептерге ээ. Накыл сөздөр китебиндеги «Жакшы аял» денелик формасы жакшы болгон жана жакшы кийинген (Нак.сөз. 31:17, 22). Ал өз күйөөсүнө кадыр-барк алып келген. Эгер аял сөлбүрөп, таза эмес кийинсе, эгер ал өзүнүн сырткы келбети жөнүндө кам көрбөсө, анда ал өзүнүн күйөөсүн (жана Асмандагы Күйөөсүн) шылдың кылат. Андан сырткары, эгер ал өз күйөөсү үчүн жагымдуу болгонго эч кандай аракет жасабаса, анда ишенип койгула, анын көңүлүн башка аялдар жеңип алганга аракет кылышат. Элчи Пабыл Тиметейге жыйындын түзүлүшү жөнүндө жазган кезде, аялдар кандай кийиниш керектигин да жазган. Анын көрсөтмөсү бизге аялдардын ички дүйнөсү, жүрөгү менен анын сырткы көрүнүшү жана жүрүш-турушунун ортосундагы тең салмактуулукту тапканга жардам берет. Пабыл аялдарды төмөнкүдөй болгонго үндөйт… Ошондой эле аялдар да өздөрүн өргөн чачы, алтын, бермет, кымбат баалуу кийим менен эмес, жөнөкөй кийим менен, уят-сыйыттуулук жана акыл-эстүүлүк менен, өздөрүн такыбаа жашоого арнаган аялдарга таандык болгон жакшы иштер менен жасалгалашсын. (1 Тим. 2:9–10) Бул тексттеги «жасалгалоо» жана «жөнөкөй» деген сөздөр, «тыкан, жакшылап ойлонулган, татыктуу» дегенди билдирет, «гармониялык түзүлүш»2 дегенди билдирет. Машайакчы аялдын сырткы көрүнүшү жөнөкөй, таза жүрөктү чагылдырып турушу керек; анын кийими жана чач жасалгасы өзүнүн бөлөкчөлүгү менен алаксытып же өзүнө тартпашы керек, экстремалдуу же адепсиз болбошу керек. Мына ошондо ал өз жүрөгүнүн жана Теңир менен болгон мамилесинин абалын чагылдырып турат. КЫРКТАН АШКАНДАР ҮЧҮН… Мен кыркка толгондон тартып мага картайганга каршы болгон ар кандай каражаттарды реклама кылган каталогдорду жөнөтө башташты. Алар менин терим жаш жана таза боло тургандыгын, тырыштар азаят, көздүн алдында көгөргөндөр жоголот, күчүң көбөйөт, тырмактарың жана чачтарың коозураак болот, көрүү жана угуу жакшырат деп убада беришет. Жашы өткөн сайын аялдардын эң башкы максаты өзүн жаш көрсөтүү жана сезүү деп божомолдонот. Бирок мен баары-бир карып жатам, а демек менин денем акырындык менен бузулуп жатат. Мен күзгүгө карап он жыл мурун болбогон тырыштарды көрөм. Менин чачым агарды, мен чоң шрифт менен жазылган Ыйык Китепти сатып алууга туура келди, дайыма денелик көнүгүүлөрдү жасаганыма жана диетага карабастан, мен жыйырма жыл мурдагыдай жакшы денелик формада эмесмин. Бирок мен бул — трагедия же менин биологиялык сааттарымдын жебесин артка жылдырууга болот деген жалганга ишенүүдөн баш тартам. Мен өзүмдүн денелик карып баратканымды тездетейин дебейм, бирок мен баш-отум менен кача алгыс нерсе менен күрөшүүгө кирип кетейин деген жерим жок. Карыган сайын мен Кудайдын ою боюнча маанилүү эмне экендиги жөнүндө көбүрөөк ойлонгум келет, — мисалы, мен Ыйык Рухка менде боорукер, акылман жана ыраазычылыкка толгон жүрөк өстүрүүгө жол берип жатамбы. Кандай суусундуктарды же дарыларды сатып алгандан, кимдин тейлөөсүнөн пайдалангандан көз карандысыз, менин денемде артка кайтарылбаган процесс жүрүп жатканына ишенем. Тескерисинче ишенүү — демек алдануу. Бирок мен ошондой эле «адил адамдардын жолу — жаркыраган чырак, ал толук жарык киргенге чейин уламдан-улам жаркырай берет» (Нак.сөз. 4:18) деп ишенем. Бул жашоодо биздин денебиз алсызданганына карабай биз бай жана сулуу боло ала турган өзгөчө өлчөм бар дегенди билдирет. Чындык мындай: эгер биз өз аракетибизди жана убактыбызды сымбаттуу, сулуу, жаш бойдон калышыбыз үчүн жана жакшы форманы сакташ үчүн жумшасак, анда бул максатка — кыска убакытка гана жетебиз. Бирок биз өзүбүздө ички сулуулукту, мүнөздү жана Кудайга жага турган жана биз менен түбөлүккө кала турган эң сонун кооздукту өрчүтпөгөнүбүз үчүн өкүнө турган күн келет. ## Менин бардык каалоолорум сөзсүз орундалышы керек Бул дагы бир жалган, жашоону жаңылыш кабыл алуу. Биздин коомдо ар бир каалоо сөзсүз орундалышы керек (мүмкүнчүлүккө жараша бат жана жеңил) дегенге ылайык философия падышачылык кылат. Бул философия бизди өз каалоолорубузду аныктаганга жана бул «муктаждыктарды» толтуруу үчүн керек нерсенин баарын батыраак жасаганга чакырат. Ошентип, эгер сиз ачка болсоңуз — тамак жеңиз. Эгер сиз өзүңүзгө бирдемени ыраа көрбөй жатсаңыз, карыз алыңыз. Эгер сиз романтикага суусап жатсаңыз, анда эркектер сизди байкай тургандай кийиниңиз жана өзүңүздү алып жүрүңүз. Эгер сиз жалгыз болсоңуз, жан-дүйнөңүздө болуп жаткан нерсени жумуштагы үй-бүлөлүү эркекке айтып бериңиз. Кийинки жолу дүкөнгө барганда, чыгуу жолунда сатыла турган аялдардын журналдарына жана китептерине көңүл буруңуз. Алардын мукабалары сиздин бардык каалоолоруңузду канааттандыруу үчүн берилген убадаларга толгон: •«Эң мыкты көрүнүүнүн жана жашоодо канааттанып жашоонун 99 жолу!» •«Тамактан баш тартпай эле ашыкча салмактан кантип арылуу керек». •«Эшикте аба ырайы плюс отуздан ашып жатканда да кантип кычыраган жүз сомдой болуп мыкты көрүнүү керек». •«Өзүңдү бир аз эркелет: көз ачып жумганча узун чач, үй шартында кооз тотугуу». •«Сиздин фигураңызды сактай турган, жүзүңүздүн түсүн өзгөрткөнгө жана сизге көп күч бере турган адат!» •«Жеңил жашоо — кызыктуу жумуш, укмуштуудай көйнөк жана акылдуу чечим». Дайыма сиздин каалооңузду канааттандыра турган жолдор табылат — ал: •«Кантип…» деп башталган китеп, •сүйүү романы, •дүкөндөрдү аралап жүрүү, •саякат, •жаңы чач жасалгасы, кийим, үй, духи, жумуш же күйөө, •эриген сырды жоомарттык менен кошкон абдан чооң пицца болушу мүмкүн. Мындай ой жүгүртүүлөр көп кезде аялдардын күткөнүн актабайт жана алардын каалоолорун аткарбайт. Алар ички боштукту толтуруу үчүн бирдемени издөөдө адашуусун улантышат. Жаман болгондо, бул жалган айтып бере алгыс оору алып келет жана эркиндикти уурдайт. Так ушул тынчсыздануунун, таарынычтын жана депрессиянын себеби болуп калат. Бул жалган көп кыздарды өз кыздык белгисин төшөктөгү жылуулук жана достуктун убадасына алмаштырып жиберүүгө мажбур кылган. Ал көптөгөн күйөөсү бар аялдарды түшүнгөндөй болуп көрүнгөн бирге иштешкендердин кучагына салып берген. Бул жалган көп жаштарды таптакыр туура эмес себептер менен никелешүүгө мажбурлаган. Ал эми андан кийин болсо, бул жубайлардын көп бөлүгү терең ички талаптарын канааттандырууну каалагандыктан ажырашкан. Биз Кармен деп атаган аялды бул жалган кайсы жакка алып барганын карайлы: Мен аткарылбаган каалоолор менен жашабашым керек деп ишенчүмүн, мен эмнени кааласам жана качан кааласам да ошого жетчү элем. Кийим, Европага саякат, чет өлкөгө баруу — булардын баарын кредиттик карта аркылуу же карызга акча алуу аркылуу жетиштим. Ошол убактын жыйынтыгында, мен 22 жашка толгон кезде, менин карызым 7–10 миң доллар болуп калды. Анан дагы мен мага сөзсүз эркек керек деп ойлодум, ошондуктан мага өтө жакпаса да, мени менен жөн гана төшөктө жаткысы келгендер менен да жолуга берчүмүн. Кээде мен өзүм өзүмдү асылкеч сезиш үчүн гана жыныстык катнашка барчумун. Башка аялдын окуясы, Эйлин бул жалган өзүнө канчалык күчтүү эмоционалдык жана инсандык бузулууну алып жүрө турганын көрсөтөт: Мен өз никемде жыныстык канааттануу алчу эмесмин жана буга менин күйөөм күнөөлүү деп ишенет элем. Мен аны айыптап, мени интимдик жактан канааттандыра турган башка эркекти издедим. Мен муну жөн гана күнөөкөр табияттын каалоосу экенин билсем да, сүйүү деп атадым. Бирок мен буга укугум бар, менин күйөөм мени канааттандырууга милдеттүү деп ишенчүмүн. Башында бул жакшы болду, бирок кийин баары ачылган кезде, мени уят, күнөөлүү сезим, оңдой алгыс бакытсыздыкты сезүү басып калды. Мен эч кандай өтүп кете турган канааттанууга турбаган ооруну сездим. Кайсы чындык бизди жалгандын кишенинен бошотот? Биринчиден, биз жер бетинде бизде дайыма аткарылбай турган каалоолор боло тургандыгын моюнга алышыбыз керек (Рим. 8:23 кара). А эгер биз өзүбүздүн бардык каалоолорубузду бул жерде эле канааттандыра турган болсок, анда бул дүйнөгө толугу менен ыраазы болуп, башка нерсени кааламак эмеспиз. Биздин каалоолор сөзсүз эле күнөө болбошу да мүмкүн экендигин түшүнүү маанилүү. А чындыгында өз каалоолорун ушул жерде жана азыр аткарылышын талап кылып, кандай баа менен болбосун аткарылуусун талап кылуу жаман. Жыныстык каалоону Кудай жараткан. Бул нерсени канааттандыруу жакшы, бирок никеде гана. Бирок дүйнө, эгер интимдик байланышка каалоо бар болсо, бизде аны аткаруу үчүн толук укук бар — кайсы жерде, качан, кантип жана ким менен экендиги маанилүү эмес деп айтат. Так ушундай эле денелик ачка болуу өзүнөн өзү күнөө эмес. Бирок биз өзүбүздүн эмоционалдык жана рухий муктаждыгыбызды канааттандырууга аракет кылып, тамак менен өзүбүздү толтуруп жатканыбыз жаман. Кудай биздин каалоолорубузду канааттандыруу үчүн мыйзамдуу шарт бергенге чейин, биз эмнебиз бар болсо, ошону менен канааттанганга үйрөнүшүбүз керек. Экинчи чындык, биздин жүрөгүбүздүн терең талабы эч кандай адам же буюм менен канааттанбай тургандыгында. Бул мага чыныгы руханий боштондук алып келген чындыктардын бири. Мен көп жылдар бою мени бактылуу кыла турган адамдарды жана шарттарды издедим. Алар мени кайра-кайра оңтойсуз абалда калтырышты, мен депрессияга чөгүп, мени көңүлүм калуу ээлеп алды. Бардык жаратылган нерселер сөзсүз биздин көңүлүбүздү калтыра турганы чындык. Буюм күйүп кетиши же сынып калышы мүмкүн, жоголуп же таптакыр дайынсыз болуп кетиши мүмкүн. Адамдар көчүп кетиши, өзгөрүшү мүмкүн, бизди оңтойсуз калтырып кетиши же өлүп калышы мүмкүн. Бир нече жыл мурун бул чындыкты түшүнүшүм үчүн мага бир нече кымбат адамдарды жоготууга туура келди. Эгерде мен адамдардан жүрөгүмдүн тереңдеги каалоосун канааттандыруусун күтө турган болсом, дайыма көңүл калууга учурайм. Мен көптөгөн турмушка чыга элек аялдар менен, Кудайга толук берилген сонун машайакчылар менен сүйлөштүм. Алар жалгыздык менен күрөшүү кыйын экендиги жөнүндө айтышты. Бирок эсиңерде болсун, нике дайыма эле бизди жалгыздыктан куткарбайт. Мен күйөөлөрү бар көптөгөн аялдарды билем, алар жалгыздыкты терең сезүү менен жана өзүнүн обочолонгондугу менен жашашат. Дүйнө жүзүндөгү бир да эркек аялдык жүрөктүн терең каалоосун канааттандыра турган абалда эмес. Кудай бизди ушундай кылып жараткан, эч ким жана эч нерсе бизди Анын Өзүндөй болуп канааттандыра албайт (Заб. 15:11; 33:9–11караңыз). Сиз турмушка чыккансызбы же жокпу, каалоо — бул жаман же жакшы эмес экендигин түшүнүшүңүз керек, алар сиздин рухий абалыңызды аныктабайт. Мындай каалоолорду кабыл алганды, аларды Кудайга бергенди жана анын аткарылышын Кудайдан күткөндү үйрөнүү керек. Биз Кудай жөнүндөгү туура эмес түшүнүк өзүбүз жөнүндөгү туура эмес түшүнүккө алып келе турганын көрдүк, бул ачкыч аймактардын ар бири биздин жашообузга таасирин тийгизет. Кудай же өзүбүз жөнүндөгү жалганга ишенүү күнөө жөнүндөгү жалганга сөзсүз алып келет. # ЖАЛГАНГА КАРШЫ ЧЫНДЫКТЫ КОЙ ЖАЛГАН 7.Мен эч нерсеге турбайм. ЧЫНДЫК • Менин баалуулугум башкалардын же өзүмдүн өзүм жөнүндө ойлогонум менен аныкталбайт. Менин баалуулугум мени Кудай кантип көрүп турганы менен аныкталат. • Кудай үчүн бүт дүйнөгө караганда менин жаным кымбат. • Мен Кудайдын баласымын, Анын кымбат баалуу жасалгасымын жана кенчимин. ЖАЛГАН 8. МЕН ӨЗҮМДҮ СҮЙГӨНДҮ ҮЙРӨНҮШҮМ КЕРЕК. ЧЫНДЫК • Мен Кудайдын сүйүүсүн ишеним менен кабыл алышым керек. • Мен өзүмдү сүйөм. Мен өзүмдү четке кагууну жана айланадагыларга сүйүү белек кылуум үчүн Кудайга жол берүүнү үйрөнүшүм керек. ЖАЛГАН 9.Мен өзүмдү эч нерсе кыла албайм. ЧЫНДЫК • Эгер мен Кудайдын баласы болсом, анда Кудайга билип туруп тил алышым керек. • Мен өзүм гана өз тандоом үчүн жооп берем. • Мен Ыйык Рухтун күчү менен өзгөрө алам. ЖАЛГАН 10.Менин укугум бар. ЧЫНДЫК • Укукту талап кылуу ошол укуктун кулчулугунда болуу. • Укуктан баш тартуу мени эркиндикке чыгарат. ЖАЛГАН 11.Ички сулуулукка караганда сырткысы маанилүүрөөк. ЧЫНДЫК • Сырткы сулуулук убактылуу, эртеби же кечпи ал жок болот. • Кудай үчүн менин рухий сулуулугум жана мүнөзүм маанилүү. ЖАЛГАН 12.Менин бардык каалоолорум сөзсүз орундалышы керек ЧЫНДЫК • Жер бетинде менин көп каалоолорум аткарылбай калат. • Жүрөгүмдүн терең каалоосун эч ким канааттандыра албайт. • Эгер мен өз муктаждыгымды моюнга алсам, анда Кудайга көбүрөөк муктаж болом жана Асманга умтулам. # ПРАКТИКАЛЫК КОЛДОНУУ 1. Кудай менен МАКУЛ БОЛУҢУЗ. Өзүңүз жөнүндө кандай жалганга ишенчү элеңиз? 2. Жоопкерчиликти өзүңүзгө АЛЫҢЫЗ. Бул жалганга болгон ишеним сиздин жашоо образыңызга (сиздин мамилеңизге жана иш-аракеттериңизге) кандай таасир тийгизди? 3. Чындыкты ЖАРЫЯЛАҢЫЗ. Жогоруда келтирилген чындыктардын ар бирин үн чыгарып окуңуз. Алардан кайсынысы азыр сиз үчүн актуалдуу? Өз акылыңызды Кудайдын Сөзү менен жаңылаңыз. Төмөнкү үзүндүлөрдү үн чыгарып окуңуз. Бул аяттар Кудай сизди кантип кабыл алгандыгы жөнүндө эмне дейт? Заб. 138:13–18 Эф. 1:3–8 Рим. 5:6–8 Рим. 8:1–2, 13, 15–17 4. Чындыктын негизинде ИШ ЖАСАҢЫЗ. Сиздин жашооңуз чындыкка туура келиши үчүн кандай кадамдарды жасашыңыз керек? 5. Чындыкта жүрүш үчүн Кудайдан сизге жардам беришин СУРАНЫҢЫЗ. Ата, мен Сенден алыс болгон кезде жана Сенин сүйүүңдү четке каккан кезде, Сен мени менен болгон мамилени издегениң үчүн рахмат. Менде эч кандай жакшы нерсе жок экендигин билем. Менден баш тартпаганың үчүн рахмат. Мени чексиз жана шартсыз сүйгөнүң үчүн рахмат. Мен үчүн Өз Уулуңду бергениң үчүн, менин күнөөм үчүн жазаны Ал алганы үчүн жана менин ордума өлгөндүгү үчүн рахмат. Сен Мени Өзүңдүн кызың кылып тандап алганың үчүн жана мени байлык деп санаганың үчүн рахмат. Ыйык Рух менин ичимде жашаганы үчүн рахмат. Мени Ыйсага окшош кылып өзгөртүп жатканың үчүн рахмат. Сени менен кызматташ болгонго мага жардам бер. Менде Ыйсанын образын жаратууңду суранам, мага Анын жүрөгүн, мүнөзүн жана өмүрүн бер. Мен Сенден Анын ысмынан суранам. Омийин. # ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ. КҮНӨӨ ЖӨНҮНДӨ… АЯЛДАР ИШЕНГЕН ЖАЛГАН Кымбаттуу күндөлүк, Биз Эйденди калтырып кеткенден тартып алты ай өттү, бирок биз дагы эле муну баштан өткөрүүбүз кыйын болуп жатат. Адам мурдагыдай эле баарында мени айыптайт. Мен жыланды укпаш керекигин билем. Бирок Адам деле менин жанымда болчу. Эмне үчүн ал муну жасаган жок? А мени менен бирге жемишти жеди. Ошол учурда мен, чынын айтсам, бул ушундай олуттуу маселеге айланып кетет деп ойлогон эмесмин. Эми мен өткөн иш үчүн өзүмдү айыптап отурам: кантип мен Кудай биз үчүн ошончо нерсени кылгандан кийин, ага ушундай мамиле кылдым? Бизде мурдагыдай мамиле качандыр-бир убакта болоор бекен? Аны менен сүйлөшүүгө аракет кылган ар бир учурда мен ортобузда абдан зор дубал өсүп чыккандай сезем. Мага Кудайга тил алуу ушунчалык оор жана табигый эмес болоорун күткөн эмесмин. Мисалы, ошол күнгө чейин, эгер ачка болсом, анда жечүмүн; тойгон кезде, жегенди токтотчумун. Эми болсо менде кандайдыр-бир түгөнгүс ачкалык болуп калды — мен жеп баштасам, өзүмдү токтото албай калып жатам. Бул менин жашоомдогу көзөмөлдөн чыгып кеткен жалгыз бөлүк эмес. Менин тилим да дайыма мени оңтойсуз абалда калтырат, өзгөчө айыз күндөрү, мисалы, кечээ. Мен өзүмдү жакшы сезген жокмун, кечке чейин Адамга майда-чүйдө нерселер үчүн ачууландым. Өзүмдү ушундай алып жүргөн учурга өзүм чыдай албаймын. Мага ачуулуу жана кыйкымчыл болуу жакпайт. Бирок кээде мен жөн гана өзүмдү эч нерсе кыла албайм. Ромеронун үй-бүлөсү Салли деген питонду үй жаныбары катары сатып алган кезде, анын узундугу болгону 30 сантиметр эле. Сегиз жылдан кийин ал үч жарым метрге чейин өстү жана салмагы 36 килограмм болуп калды. Андан кийин 1993-жылы 20-июлда Салли, бирмандык питон, он беш жашар Дерекке асылып, бала өлгөнгө чейин кысып муунтуп койгон. Эч кандай жамандыгы жок, тил алчаак жаныбар бир заматта эле адам өлтүрө турган коркунучтуу болуп калды. Эч нерседен күмөн санабай, кам көргөн адамдарга «үй жаныбары» каршы чыгып, алардын жашоосун талкалады. Кандайдыр-бир мааниде бул жерде таң калуунун кереги жок, анткени питон өзү үчүн табигый болгон нерсени гана жасады. Күнөө да так ушундай кылат. Ал бизди кызыктырып, биз менен ойноп, бирге уктап, көңүлүбүздү көтөрүшү мүмкүн, бирок анын табияты эч качан өзгөрбөйт. Ал өзү менен достошкон ким гана болбосун, ага каршы чыгып жана аны жеп жута турганы боло турган иш. Ар бир жалган өлүмгө алып келет. Бирок шайтан бизге Кудай жана күнөө жөнүндө ишендирген жалгандан күчтүүсү жок. Ал бизге Кудай Өзүн кандай көрсөтүп жатса, чынында Ал андай эмес, ал эми күнөө — Кудай айтып жаткандай өтө коркунучтуу нерсе эмес деп ишендиргиси келет. Шайтан бизге Машайактын кудайлык сапаты жана күнөөнүн олуттуулугу ачык көрүнбөй турган сүрөттү тартып берет. Ал бизге Кудай анча деле жакшы эмес, а күнөө — анча деле жаман эмес деп көрсөтөт. Заманбап технологиялар абдан жаман көрүнгөн фотосүрөттөрдүн абалын абдан кооз кылып өзгөртүп жиберишет. Шайтан күнөө менен да так ушундай кылат. Ал абдан куулук менен сүрөттөрдү бузат, абдан жийиркеничтүү, шумдуктуу нерселер искусствонун керемет чыгармасындай болуп калат. Бирок күнөөнү башка кийимге чулгап коюу анын табиятын өзгөртпөйт. Эч кандай күнөөсүз, тынч көрүнгөн питон менен болгон окуядай эле, анын чыныгы өлтүрө турган табияты ачыла турган учур келет. Шайтан Эйден багында козголоң чыгарыш үчүн жалганды колдонду, аягында биз алдын ала күтпөгөн, кымбатка турган нерсе болду. Анын бүгүнкү күндөгү жалганы ал биринчи аялды ишендирген жалгандан маңызы боюнча эч нерсеси менен айырмаланбайт. ## Мен күнөө жасай алам, бул үчүн мага эч жамандык болбойт Бул, балким, шайтандын күнөө жөнүндөгү негизги жалганы. Кудай Адамга мындай айткан: «Эгер бул дарактын жемишинен жесең, анда өлөсүң». Буйрук ачык болгон: «Жебе». Тил албастыктын жыйынтыгы да ачык айтылган: «Өлөсүң». Шайтан Обону бул тыюуну салган Кудайдын жакшы экендиги жана анын жашоосун башкарууга Кудайдын укугу бар экендиги жөнүндө ойлонууга мажбур кылгандан кийин, ал андан ары боло турган жыйынтык жөнүндө да шектенүүгө мажбурлады. Ал Кудайдын сөзүнө: «Ошондо жылан аялга: жок, өлбөйсүңөр…» (Башт. 3:4), — деп чабуул жасады. 9-Забурда автор үч жолу адамдар эмне үчүн Кудайга тил албай турганын түшүндүрөт, — алар бул үчүн эч нерсе болбойт деп эсептешет. Ал өз ичинен: «Мен эч качан мүдүрүлбөйм, эч качан башыма жамандык келбейт», — дейт… өз ичинен: «Кудай эсинен чыгарды, Өз жүзүн жаап алды, Ал эч качан көрбөйт», — дейт. <…> Эмне үчүн кудайсыз адам Кудайды тоотпой, өз ичинен: «Ал жазалабайт», — дейт? (Заб. 9:27, 32, 34) Душман бизди төмөнкүлөргө ишендиргиси келет: •биздин күнөөбүз соттолбойт; •мен сепкенимди оруп албайм; •мен бүгүнкү күндө тандаганымдын эч кандай жаман жыйынтыгы болбойт; •мен от менен ойносом да күйбөйм. Жалгандын көптөгөн башка түрлөрүндөй эле, биз бул жалганга да атайлабай эле ишенип калабыз; биз буга окшогон көп ойлорду четке кагышыбыз да мүмкүн. Бирок эгер биз күнөө кылганга чечим чыгарсак, анда мунун артында эч кандай коркунучтуу нерсени көрбөгөндүгүбүздөн улам болот. Мына ошондо биз тойгонубузга карабай, десерттин экинчи порциясын жейбиз, а төмөнкүлөр жөнүндө ойлонбойбуз… •бир нече сааттан кийин биздин ичибиз көөп баштайт; •эртең, биз таразага түшкөн кезде, азгырыкка алдырганыбыз үчүн өзүбүздү жемелейбиз; •бир нече ушундай «жол берүүлөр» ашыкча салмакка жана күнөөлүү сезимге, жаман маанайга жана депрессияга алып келет; •ашыкча тамак жегендик жүрөк маселесинин, диабеттин, соккунун же инфаркттын себеби болуп калышы мүмкүн; •бул сферадагы өзүн өзү кармоонун жетишсиздиги бизди башка, бир кыйла олуттуу аймактарда да өзүбүздү кармана албай турган кылат; •өзүңдүн каалооңду канааттандыруу толугу менен биздин балдарыбыздын мүнөзүндө да чагылышы мүмкүн, алар дагы өзүн кармай албай турган болуп калышат. Биз өзүбүздү дүйнөлүк философияны чагылдырган жана абийирсиздик, уятсыздык жана моралсыз жүрүш-туруш мыйзамынын деңгээлине чыгара турган нерселерди окуу менен, фильмдер, телеберүүлөр жана музыкалар менен алагды кылабыз. Бул аркылуу биз… •күнөөнү четке какпай, ага лоялдуу түрдө карап калабыз; •күнөөгө умтулуп баштайбыз жана бизде ыйыктыкка болгон чаңкоо жоголуп баштайт; •Кудай менен болгон биздин мамилебиздеги тоскоолдуктарды өстүрүп баштайбыз; •өз акылыбызды дүйнөлүк ой-жүгүртүүлөргө бурабыз (ал эми биздин ойлорубуз акырында биздин жашоо образыбызды аныктайт); •көргөнүбүздү жана укканыбызды баары бир жашоодо ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтөбүз; •сексуалдуулукту дүйнөдөгүчө кабыл алып баштайбыз, ошону менен бирге тазалыкты жоготууга же өз никебиздин талкалануусун тобокелге салабыз; •биздин балдарыбыз жана неберелерибиз абийирсиз жана моралсыз болуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатабыз. Биз эртеби же кечпи, биздин кайгыбыз төмөнкү жыйынтыкка алып келгенине таарынабыз: •туура ойлонуу жөндөмдүүлүгү бузулат; •бизди бактысыз жана эмоционалдык жактан туруксуз кылат; •биздин организмибизге таасирин тийгизет, бизде өнөкөт чарчагандык, баш оору, булчуңдардын чыңалышы жана тамак сиңирүүдө ар кандай маселелер пайда болушу мүмкүн; •Кудайдан өз күнөөбүз үчүн кечирим алганга тоскоолдук кылат; •жакын адамдардын жашоосун чыдай алгыс кылып койот, алар биз менен сүйлөшүүнү каалашпайт. Биз жумуштагы же кокусунан тааныш болгон боорукер, жароокер эркек менен жакын болгонго жол беребиз жана төмөнкү нерселер боло турганына ишенүүдөн баш тартабыз: •өз жүрөгүбүзгө көзгө чөп салуучулуктун үрөнүн себебиз; •өз күйөөбүздүн бизге жага турган иш жасоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратабыз, себеби реалдуулук фантазия менен салыштырылбайт; •бул эркектин үй-бүлөсүн жана өз никебизди талкалашыбыз мүмкүн; •өз балдарыбыздын жашоосун талкалашыбыз мүмкүн; •бул эркек менен ойноштук кылбасак да, биз келечекте адеп-ахлактык жүрүш-туруштун кулай турган жолунда туруп калабыз; •жолдошубуздан, балдарыбыздан, күйөөнүн туугандарынан жана Кудайдан үмүтсүз алыстап калган абалда болуп калуубуз мүмкүн. Биз дайыма өзүбүзгө шайтан жалганчы экенин эскертип айтып турушубуз керек. Кудай күнөө деп атаган нерселерди, шайтан мындай дейт: Бул сонун! Бул кооптуу эмес. Бул айыпсыз. Бул кача алгыс!Бул ушунчалык самаарлык нерсе! Мында эч кандай коркунучтуу нерсе жок. Сен өз муктаждыгыңды гана толтуруп жатасың! •Чындык мындай: күнөө коркунучтуу, өлтүрүүчү жана талкалоочу. •Чындык мындай: биз эмнени сепсек, ошону оробуз. •Чындык мындай: биздин бүгүнкү ар бир тандообуздун жыйынтыгы болот. •Чындык мындай: эгер биз от менен ойносок, анда күйөбүз. •Чындык мындай: «жасалган күнөө өлүмдү туудурат» (Жкп. 1:15). Тилекке каршы, көп адамдар өздөрүнүн табигый, күнөөкөр табияты менен бул алардын никесине, ден-соолугуна жана Кудай менен, адамдар менен болгон мамлесине кандай таасир калтыра тургандыгынын ортосундагы байланышка көңүл бурушпайт. ## Күнөөнүн ырахаты Шайтан бизге күнөө жазаланбайт деп жөн гана ишендирип койбойт. Эйден багында ал Обого айткан: «Силер Кудайга тил албай коюп, жагымсыз натыйжадан качып кутула аласыңар. Ошол эле эмес, эгер бул жемиштен жесеңер, силер мындан пайда да табасыңар». …Бирок Кудай силердин анын жемишинен жеген күнү көзүңөр ачылып, жакшылык менен жамандыкты билген Кудайдай болуп каларыңарды билет… (Башт. 3:5) Башка сөз менен айтканда, анын жыйынтыгы кандай гана болбосун, өзүңөрдүн каалооңор менен кыла турган ишиңердин жыйынтыгында ала турган ырахат ошого турат деп айткан. Обо ага ишенди, биз дагы ишенебиз. Сөздүн кыскасы, эгер биз күнөөдөн эч кандай кубанычты күтпөсөк, анда эмнеге күнөө жасамак элек? Мына ошондуктан «Мен» журналында(«Self») окурмандардын суроолоруна психологдун жообу жарыяланган бөлүгүндө төмөнкүдөй жазылган: «Сыртта болгон сүйүү интригасы сизге никедеги көңүл калууну баштан өткөрүүгө жардам берет, кээде бул аялга ийгиликсиз никеге чекит койгонго күч берет…»1. Кандайдыр-бир деңгээлде шайтан күнөөнүн салыштырмалуу «оң» натыйжаларын туура айтат. Эврейлерге жазылган катта (11:25) күнөө чындыгында кыска убакытка ырахат алып келе тургандыгы жазылган. Бирок жыйынтыгында күнөө талкалоочу таасирин көрсөтөт. Бул жерде эч кандай кыскартуу жок. Менин бир досум өзүнүн капчыгында күнөөнүн натыйжаларынын тизмесин сактап жүрөт: •Күнөө кубанычты уурдайт (Заб. 50:14 кара). •Күнөө ишенимден ажыратат (1 Жкн. 3:19–21 кара). •Күнөө күнөөлүү сезим берет (Заб. 50:5 кара). •Күнөө шайтанга бийликти берет (2 Кор. 2:9–11 кара). •Күнөө Ыйык Рухту өчүрөт (1 Тес. 5:19 кара). •Күнөө денелик зыян алып келет (Заб. 37:2–12; 30:11 кара). •Күнөө жандык оору алып келет (Заб. 31:3–4 кара). •Күнөө Ыйык Рухту капа кылат (Эф. 4:30 кара). •Күнөө башка күнөөлөргө эшик ачат (Ыш. 30:1 кара). •Күнөө Кудай менен мамилени бузат (Ыш. 59:1–2 кара). •Күнөө коркунучту туудурат (Нак.сөз. 28:1 кара). •Күнөө мени өзүнүн кулуна айлантат (Жкн. 8:34; Рим. 6:16 кара). Менин досумда Кудайга тил албай коюуга азгырылуу келген кезде, ал бул тизмени алып чыгат жана аны окуйт. Анан ал өзүнө суроо берет: «Чындап эле мен ушул бааны төлөгөндү каалаймынбы? Мен өзүмө ушуну кылууга жол беремби?» Кээде биздин күнөөбүздүн натыйжасы бир айдан кийин же жылдан кийин көрүнөт, кээде алар кийинки муунда гана көрүнүшү мүмкүн. Кээ бир натыйжалар биз Кудайдын алдына сот күнүндө көрүнүшү мүмкүн. Мына ошондуктан биз өжөрлүк менен күнөөнүн натыйжасынан качууга ишенебиз. Насаатчы китебинде жазылгандай: «Кыянат иштерди кылган адамдар дароо эле жазаланышпайт. Ушундан улам адам баласынын жүрөгү кыянаттык кылуудан коркпойт» (Нас. 8:11). Кудай жазалоону жылдырып жатканы бекеринен эмес. Себептердин бири — адамдарга тобо кылууга убакыт берүү каалоосу: «…Теңир Өзүнүн убадасын кечиктирбей аткарат. Бирок Ал эч кимдин өлүшүн каалабагандыктан, бардыгы тобо кылышы үчүн, бизге көпкө чыдайт» (2 Пет. 3:9). Баары бир төлөй турган күн келет. Ал келген кезде, Кудайдын ар бир баласы өткөн жашоосунда тил алчаактыктын жолун тандабаганы үчүн өкүнө турган болот. Күнөө менен ойногон жана анын ырахатына канааттанган жылдар өткөндөн кийин, Сулайман падыша аягында (абдан кеч болгондо) төмөнкүдөй жыйынтыкка келген… …күнөөкөр адам жүз ирет кыянаттык кылса жана анысын уланта берсе да, мен Кудайдан корккондорго, Аны урматтагандарга жакшы болорун билем… <…> Баарынын жыйынтыгын угалы: Кудайдан корк, Анын буйруктарын аткар… Анткени Кудай ар бир ишти соттойт, ар бир ишти, ал жакшы иш болобу же жаман иш болобу, Кудай соттойт. (Нас. 8:12; 12:13–14) ## Менин күнөөм чынында анчалык деле олуттуу эмес Бул жалган жана биз бир аз кийинчерээк карай турган жалган («Кудай менин кылган ишимди көчирбейт») — бир медалдын эки жагы. Эгер шайтан бизди биринчисине ишенүүгө мажбурлай албаса, ал бизди экинчисине ишендирүүгө аракет жасайт. Мунусу да, тигиниси да бирдей даражадагы жалган, ал экөө тең кулчулукка алып келет. Биздин арабызда ким сак-саламат үй-бүлөдө чоңойгон болсо же көп жылдар жыйынга барып, «өзүн жакшы алып жүрүүнү» үйрөнгөн болсо, башкаларга караганда бул жалгандын торуна түшүүсү көбүрөөк. Биздин башыбызга эч качан сойкулук кылуу, бойдон алдыруу же сексуалдык ориентацияны алмаштыруу келбейт. Биз эч кандай уят сөз сүйлөп, өз жетекчибиздин акчасын туура эмес иштетип же жолдошубуз менен ажырашпайбыз. «Олуттуу» күнөө жасап жаткан адамдардын фонунда биз өзүбүзгө жакшы көрүнөбүз. Биздин мындай күнөөлөр, убакытты туура эмес колдонуу, өзүбүздү коргоо, бирөөнүн жашыруун сырын айтып коюу, ашыкча тамак жегендик же бир аз спирт ичимдиктерин татып коюу, ачуу тил, адамдарга сын көз караш менен кароо, акчаны көп коротуу, коркунуч, тынчсыздануу, өзүмчүлдүк же арыздануу, эч кандай олуттуу болуп көрүнбөйт. Биз аларды дайыма күнөө деп эсептебейбиз жана булар биздин алсыздыктарыбыз, адаттарыбыз же мүнөзүбүз деп ойлойбуз. Обо толугу менен өз күнөөсүн ушундай деп карай алмак. Ал эч кандай күйөөсүн таштап кеткен жок, Кудайды каргаган жок жана Анын бар экендигин танган жок. Эгер ал болгону Кудай жебе деген жемиштен бир аз жеп койду деп ойлосок болот, болгону ошол. Мында маселе эмнеде? Маселе Кудай: «Жебе», — деп айткан, бирок Обо мындай жооп берди: «А мен жейм». Обо жөн гана Кудай тыюу салган жемишти жеди, ал эми бул кылган болсо өзүнүн артынан шумдуктуу натыйжаларды алып келди, анын денесине, акылына, эркине, сезимине, анын Кудай менен болгон мамилесине жана үй-бүлөсүнө таасир тийгизди. Ошол «кичинекей» күнөө анын күйөөсүн да азгырды, жыйынтыгында бүт адамзат күнөөнүн түпкүрүнө чөгүп кетти. Көлчүккө ыргытылган таш сууда көпкө чейин айланаларды пайда кылган сыяктуу, күнөө дагы ушул кезге чейин өзү жөнүндө билдирип келе жатат. Биз ар бир күнөө олуттуу, ар бир күнөө — бул каршы чыгуу жана чыккынчылык экенин көрсөк кана! Ар бир жолу биз өзүбүз каалагандай иш жасаганда биз Кудайга жана ааламдын Падышасына каршы чыгабыз. Джон Беньян айткандай, «суу аккан бир тешик бүтүндөй кемени чөктүрөт, бир күнөө күнөөкөрдү толугу менен талкалап жок кылат». Же Беньяндын замандашы, Джереми Тэйлор айткандай, «кол сааттардын механизминде мааниси жок кумдун бүртүгү жок болгондой эле, мааниси аз болгон күнөө жок». Мен ак дубалдуу үйдө жашайм, ал жылдын көп бөлүгүндө ак бойдон турат. Бирок кар жааганда, менин үйүм кокусунан эле киргилт-сары болуп калат. Эгер биз башка күнөөкөр менен салыштырганда «таза» болсок дагы, Кудайдын жеткилең ыйыктыгы менен өзүбүздү салыштыра албайбыз. Күнөө жөнүндөгү чындык Кудайдын мүнөзүнүн жарыгында ачык көрүнөт. Биз Анын таза ыйыктыгынын жаркыроосуна караган кезде, өзүбүздүн күнөөбүздүн жийиркеничтүүлүгүн тез кабыл алабыз. XVII жана XVIII кылымда пуритандар өздөрүнүн ыйыктыкты жана тил алчаактыкты жактагандыгы менен белгилүү болушкан. Алардан соттой турган бир нерсени табуу кыйын болгон. Адамдардын көпчүлүгү кимдин ким экенин, ал эми пуритандар улуу күнөөкөрлөр болбогондугун билишет. Бирок алардын китептери алар өздөрүн ушунчалык күнөөкөр эсептегендери жөнүндө күбөлөндүрөт. Алар Кудай менен тыгыз мамиледе жашашкандыктан, аларда өз күнөөсүнө болгон жек көрүү өскөн, ал башка адамдарга канчалык арзыбас көрүнгөндүгү маанилүү эмес. Мындай түшүнүк алар сыйынган сыйынуу аркылуу келет: Мага күнөөнүн жарабастыгын ачып бер, мен аны жек көрүп, андан кача турган болоюн… мен эч качан күнөөнүн жийиркеничтүүлүгү жасалган иштин табиятында эмес, а жеткилең болгон Инсандын улуулугунда экендигин эсимден чыгарбаганга жардам бер 2. ## Кудай менин кылган ишимди кечирбейт Мен кечирим темасын көтөргөн ар бир жолу, кимдир-бирөө мага айтат: «Мен кылган ишим үчүн өзүмдү кечире алган жокмун». Ыйык Китеп биз өзүбүздү кечиришибиз керектиги жөнүндө такыр айтпагандыгы кызыктуу. Бирок мен ойлойм, көп аялдар кылган иштери үчүн өздөрүн кечирилгендей сезе албагандыгы жөнүндө айтып жатышат. Алар өздөрүнүн кылганы үчүн ушул кезге чейин күнөөлүү сезим менен жашашат. Алар Кудай аларды кечиргенин билишет, бирок чындыгында толугу менен кечирилгендерине ишенишпейт. Аларга Кудайдын ырайымы менен кечиримин кабыл алуу кыйын. Алар Кудай менен мамилени калыбына келтирүү үчүн жана Анын кайрымдуулугун кайтаруу үчүн өз күнөөлөрүн кандайдыр-бир жол менен жууш керек деп, «жаза» алуу керек деп сезишет жана мүмкүн, ошондо алар жасаган жамандыгынын баасын төлөй алышат. Маселе «жакшы иштерди» өмүр бою жасасаң да, Ыйык Кудайга каршы болгон айып же жалгыз бир гана күнөөнүн баасын төлөө жетишсиз. Химиялык тазалоодо да кетпей калган так сыяктуу, күнөөнүн тагын да эч кандай адамдык аракеттер менен жууганга мүмкүн эмес. Жасалган күнөө үчүн болгон айыпты «эритип» жибере турган бир гана нерсе бар: Менин айыбымды эмне жууй алат? — О, бир гана Ыйсанын каны, Кайра эмне айыктыра алат? — О, бир гана Ыйсанын каны. Күнөөдөн рухтун кунун ким төлөйт? — О, бир гана Ыйсанын каны. Менин кылган жакшылыгым эмеспи? — О, бир гана Ыйсанын каны3. Эки карама-каршы ой бар: «менин күнөөм анчалык олуттуу эмес» жана «Кудай менин кылган ишимди кечирбейт». Булардын кайсынысы туура? — Чындык Голгофада гана ачылат. 84-Забурда биз үчүн Ыйса айкаш жыгачта эмне кылгандыгын сүрөттөгөн керемет нерсени таба алабыз: «Ырайым менен чындык, адилеттик менен тынчтык өбүшөт». Так ошол Голгофада күнөөкөрлөргө болгон Кудайдын ырайымы менен сүйүүсү Анын күнөөгө карата болгон ыйык жек көрүүсүнүн чындыгы менен жолугушту. Голгофада Кудай Ыйсанын үстүнө бүт дүйнөнүн күнөөсүнүн жазасын жүктөдү. Ошол эле учурда Ал Андан бөлүнгөн күнөөкөрлөргө тынчтык менен элдешүүнү сунуш кылды. Айкаш жыгач Кудайдын күнөө жөнүндө эмне ойлой тургандыгын бизге ачык көрсөтөт, биз жеңил ойлогон «алсыздыктарыбыздан» бизди арылтуу үчүн Ал абдан жогорку бааны төлөдү. Айкаш жыгач — өтө чоң биздей күнөөкөргө Кудайдын сүйүүсүнүн жана ырайымынын көрсөтүүсүнүн символу. Уильям Купер XIX кылымдагы Англиянын эң мыкты жазуучуларынын бири болгон. Бирок жаш кезинде ал өз жүрөгүндө абдан оор күнөөнүн жана кайгынын жүгүн көтөрүп жүргөн. Ал нерв жактан үзгүлтүккө учурап, өзүн өлтүргөнгө аракет кылган жана бир жарым жыл психиатрия ооруканасында жаткан. Ооруканада болгон кезде ал Ыйык Жазуудан анын жашоосун өзгөрткөн аятты окуган. Ал Ыйса Машайак — «…Кудайдын чыдамдуулугу убагында мурунку кылынган күнөөлөрдү кечирүү аркылуу Өзүнүн адилеттүүлүгүн көрсөтүү үчүн ишеним аркылуу сунуш кылынган ырайым курмандыгы…» экенин көрдү. (Рим. 3:25–26). Купер бул чындыкты көрүп, аны кабыл алган кезде, ал Машайакка ишенди жана ага күнөөлөрдүн кечиримин белекке берилди. Көп жылдар өткөндөн кийин, ал бул керемет кечирим жөнүндө мына эки жүз жылдан бери тобо кылган күнөөкөрлөргө үмүт берип келе жаткан гимнде сүрөттөп жазды. Сиз бул гимнди көп жолу ырдаган болсоңуз да, азыр токтоп, бул сөздөрдү кайрадан жай, мурда эч качан укпагандай болуп ырдап көрүңүз жана Кудайдын куткаруучу ырайымы жана сүйүүсүндөгү тынчтыкты жана кубанычты табыңыз: Күнөөнү жууш үчүн ыйык Кан суудай агып жатат, Кыйналган андан тынчтык жана эс алуу табат. Айкаш жыгачта кылмышкер ошол ыйык ачкыч тапты, Ал менен жуулуп, өз жанына алды тынчтыкты. Мен Теңирден алыс элем, адашкам жердин жолунда, Бирок Ал мени Өзүнө бурду, мен Анын колундамын. Эгер мен кайрадан алсыздыкта Ыйсаны капа кылсам, Мен билем, ыйык Кан менин күнөөмдү тазалайт. ## Мен өзүмдүн кылган иштерим жана реакциям үчүн толугу менен жооп бербейм Анна Расселдин тамашалуу «жаны ооругандардын элдик ыры» биздин өзүбүздүн кылган иштерибизде башкаларды айыптаганды кантип жакшы көрө турганыбыздын сонун көрсөтмөсү болуп саналат: Үч же төрт жашымда мен инилеримди жакшы көрчү эмесмин, Ошондуктан, албетте, мен аларга жаман таасир этчүмүн. Бирок мен бактылуумун, мен түшүндүм, мына мындай сабакты: Өзүм туура эмес кылсам да, дайыма күнөөлөйм башканы. Эгер биз Эйденге кайрылып келсек, анда азгырылуунун байыркы формаларынын бири ошол жерде пайда болгонун көрө алабыз. Адам менен Обо тыюу салынган жемишти жегенден кийин, Кудай аларды кылган иши үчүн жоопкерчиликке чакырды. (Жазууда бул тема дайыма кайталанат — биз Кудайга ар бир ишибиз үчүн жооп беребиз.) Белгилеп койгула, Кудай ошол учурда аларды бир бүтүн катары караган жок. Ал: «Силер эмне кылдыңар?» — деп сураган жок. Ошондой эле Ал Адам менен Ободон бири-бириңердин жүрүш-турушуңарды түшүндүргүлө деп сурабады. Ал Адамдан: «Обо эмне кылды?» — деп, Ободон: «Сенин күйөөң эмне кылды?» — деп сураган жок. Ал алгач Адамга, андан кийин Обого кайрылды, ар биринен жекече сурады: «Сен эмне кылдың?» Кудайдын Адамга болгон суроосу так жана конкреттүү болгон: «…Мен сага жегенге тыюу салган дарактын жемишинен жедиңби?» (Башт. 3:11). Ободон Кудай мындай деп сурады: «…бул эмне кылганың?» (Башт. 3:13). Кудай алардын жөн гана чындыкты моюнга алуусун суранды. Бул окуялар болуп жатканда, Адам менен Обо өз кылган иши үчүн жоопкерчилик алгандын ордуна бири-бирин күнөөлөп башташты. Кудай Адамдан: «… дарактын жемишинен жедиңби?», — деп сурады. А мына бул анын жообу: «Сен берген аял мага дарактын жемишинен берди, мен жедим» (Башт. 3:12). «Обо, бул эмне кылганың?» Жооп: «Мени жылан азгырды, ошондуктан жедим». Эки учурда тең алардын жооптору туура эле. Чынында эле, Обо Адамга Кудай тарабынан берилген, ал күйөөсүнө дарактын жемишинен сунуш кылды. Жылан чындап эле Обону азгырды. Бирок, күнөөнү башкаларга аңтара салуу менен, Адам менен Обо бул күнөө үчүн өз жоопкерчиликтеринин өлчөмүн азайтууга аракет кылышты. Кудай алардан күнөө кылганга ким түрткөндүгүн сураган жок, Ал өз кылган иштери үчүн жоопкерчиликти өздөрүнө алуусун каалады. Башкалардын таасирине карабастан, бул алардын тандоосу болду. Адам менен Обо «айыптоочулардын» узун тизмегинде биринчи болушту, бирок акыркысы эмес. Эйденде башталган «оюн» — бул биз менен силердин оюнубуз. Биз табиятыбыз боюнча профессионалдык түрдө ойнойбуз, муну төмөнкү күбөлүктөр тастыктайт: Дайыма башкаларды, шарттарды жана Кудайды айыптоо менен мен өз жашоом, өзүмдүн күнөөлөрүм жана чечимдерим үчүн жооп бербей калдым. Ошондо мен торго түшүп калгандай, өзүмдү толугу менен алсыз сездим. Мен курмандык болгондуктан, бат-баттан депрессияга түшөм деп ишенчүмүн. Мага депрессия — менин күнөөм эместей сезилчү. Депрессия менин ачууланууга болгон чечимимдин негизинде пайда болгонун түшүнө баштаган кезде, өз күнөөм үчүн жоопкерчилик ала баштадым жана эркиндикке ээ болдум. Жумуштагы бир кызматчы менен менин күнөөлүү байланышыбыз бар эле. Мен андан эмоционалдык жардам жана назиктикти алчумун, анткени менин күйөөмдүн менден жашырган сырлары бар эле, ал порнографияга берилип, мени колдочу эмес. Мага так ошол күйөөмдүн жүрүш-турушу мени коллегам менен болгон байланышка мажбур кылгандай сезилчү. Мен өзүмдү актап, «күйөөмө караганда өзүмдү мыкты алып жүрөм» деп ойлочумун. Биз ачууланганда, депрессияга, кайгыга, кыжырданууга, чыдамсыздыкка же коркунучка учураганда, биздин табигый реакциябыз — бул үчүн жок дегенде жоопкерчиликтин бир бөлүгүн бизди ушундай «кылган» башка адамдарга же шартка оодара салуу. Мен, мүмкүн, талкаланган үй-бүлө жөнүндөгү жүздөгөн аялдардын аңгемелерин уктум. Алар дайыма мурдагы күйөөлөрү келтирген таарынычтары жөнүндө айтышчу, мына ошол алардын никесин талкалады деп эсептешер эле. Мен азыр: «Мен никенин бузулушуна себепкермин, анткени күйөөмө туура эмес мамиле кылганмын жана шашып чечим чыгарганмын» же «мен күйөөм менен ажырашканда туура эмес кылганмын» деген бир да аялды эстей албайм. Көп сандаган аялдар мага аларды карызга батканга, тамактан сооронуч тапканга, моралдык эмес иштерди жасаганга же өз ата-энесинен алыстаганга «мажбур кылган» окуялар жөнүндө айтып беришкен. Өзү жасаган жана өз жашоосунун көйгөйлөрүнүн себеби болгон тандоо үчүн жоопкерчилик алгандар аз. Бир конференцияда орто жаштагы бир аял сахнага чыгып, өзүнүн күбөлүгү менен бөлүшкөн күндү эч качан унутпайм. Ал өзүн тааныштырды, анан психолог болуп жыйырма эки жыл иштей турганын айтты. Анын кийинки сөздөрү ушунчалык ачык болгондуктан, жүрөктүн түпкүрүнө чейин жетти. Үзүлгөн үн менен ал мындай деди: «Мен Сенден кечирим сурайм, Кудайым, жана силерден менин эже-сиңдилерим кечирим сурайм, ушунча убакыт мен силерди алдап, туура жолдон чыгарганым үчүн. Мен силерге өз кылган ишиңер үчүн өзүңөр гана жооп бере турганыңарды айткан эмесмин. Мени кечиргиле!» Душман бизге эгерде биз өзүбүздүн жеке тандообуз үчүн жоопкерчилик алсак, анда абдан чоң күнөөлүү сезимден кыйнала турганыбызды айтат. Бир гана өз тандообуз үчүн жана айландагыларга болгон мамилебиз үчүн толук жоопкерчилик алганда гана, биз толугу менен күнөөлүү сезимден бошонобуз. Бир жазуучу мындай жазгандай, Күнөө — бул биздин жакыр абалыбыздагы эң сонун кабар. Себеби, эгер бул күнөө болсо — анда дайыма чыгуу жолу бар. Тобо кылуу мүмкүнчүлүгү бар. Сиз тарбиянын жетишсиздиги үчүн же ата-энеңиз аркылуу алган эмоционалдык жараат үчүн тобо кыла албайсыз. Бирок сиз күнөөңүз үчүн тобо кыла аласыз. Күнөө жана тобо кылуу — кубаныч жана үмүт үчүн жалгыз мыйзам ченемдүү шарттар.4 ## Мен дайыма эле күнөөнү жеңе албайм Балким, ар бир эле машайакчы өз тажрыйбасынан улам Хизер аттуу аял сезген нерсени билсе керек: Менин жашоомдо күнөө толтура! Мен кантип эркин боло алам? Мен өзүмдү үмүтсүздөй сезем. Мен күнөөлөрдөн арылгым келет, бирок алар менин денемди башкарганды улантып жатышат. Кудайга кайра-кайра ошол эле күнөө менен келүү мага уят. Мен Анын алдына баарын төгүп салганда, андан бетер баары үмүтсүз болуп калгандай сезилет. Мен жалгандан кантип кутулам? Мен өзгөргүм келет. Бул сөздөр мага элчи Пабылдын жан-дүйнөсү менен кыйкырганын эсиме салат: Ошентип, мен мындан мындай мыйзамды көрүп жатам: мен жакшылык жасайын дегенде, жамандык жабыша калат. Анткени рухум менен Кудайдын мыйзамынан ырахат алып жатам. Бирок дене мүчөлөрүмдө башка мыйзам бар экенин көрүп жатам. Бул да менин акылым кабыл алган мыйзамга каршы турат жана мени дене мүчөлөрүм баш ийбеген күнөөнүн мыйзамына туткун кылып жатат. Мен бир байкуш адаммын! Өлүмгө дуушар кыла турган ушул денеден мени ким куткарат? (Рим. 7:21–24) Биз суроо берген аялдардын жарымынан көбү күнөөнү дайыма жеңе албай тургандыгы жөнүндөгү жалганга ишенерин мойнуна алышты. Шайтан бул жалганды ишенгендерди эркиндиктен кур калтыруу үчүн колдоноору талашсыз. Ридиктерге жазылган каттан үзүндүдөдөн биз көргөндөй, ар бир Кудайдын баласы жаңы табиятка — Кудайга баш ийүүнү каалай турган табиятка ээ. Ар бир чыныгы ишенүүчү жүрөгүнүн тереңинде Кудайга жагып жашоону каалайт. (Мындай каалосу жок адам өзүнүн чындап кайрылганын шектүү кылып көрсөтөт.) Бирок Жазуу боюнча, биз жогорудан төрөлгөндөн кийин деле биздин «күнөөкөр табиятыбыз» (биздин табигый адаттарыбыз) биздин ичибизде жашаган Ыйык Рухка каршы согушканын уланта берет. Рух айтат: Кечир. Дене айтат: Кечирбе. Рух айтат: Өзүңдү тый. Дене айтат: Эмне кааласаң жана качан кааласаң да же. Рух айтат: Бул акчаны мутаждарга бер. Дене айтат: Бул акчаларды өзүңө жумша. Рух айтат: Сөз менен жана сыйынуу менен убакыт өткөр. Дене айтат: Сенин күнүң оор болду, азыр телевизордун алдында эс ал. Рух айтат: Тилиңди тый. Айткың келип жаткан сөз катуу же кереги жок. Дене айтат: Баарын болгондой айтып сал! Биз дененин пайдасы үчүн тандап, Ыйык Рухка каршы болгон ар бир учурда биздин үстүбүздөн күнөө бийлик кылганга жол беребиз. Тескерисинче, Ыйык Рухка «ооба» деген ар бир кезде, биз өз жашообуздун үстүнөн Ага көбүрөөк бийлик беребиз. Дайыма Кудайга эмес, күнөөгө баш ийүү менен, биз сындырганга кыйын болгон адаттарды өзүбүзгө тамырлатабыз, күнөөнүн кулчулугун тандайбыз. Кээ бир убакта биз туура жасаганга аракет кылабыз, жеңилебиз, аракет кылабыз — кайрадан жеңилебиз. Ошондо шайтан бизге эч нерсени өзгөрткөнгө болбой, биз дайыма бул күнөөлүү адаттын кулу бойдон кала турганыбызга ишендире баштайт. Биз: «Эмне кереги бар? Мен баары бир жеңилем. Мен өмүр бою бул күрөштө жеңилем», — деп ойлойбуз. Анан биз багынып беребиз. Эмне болду? Шайтан биздин дайыма азгырыкты жана күнөөнү жеңип жашай албай тургандыгыбызга ишендирүүгө мажбурлап, өзү жеңди. Кристина менен Шерилдин көйгөйлөрү ар кандай болсо да, бирок маңызында алар менен бирдей нерсе болду: Мен аялдарга болгон кызыгуу менен күрөштүм, бул моралсыз иш экендигин билчүмүн. Мен өз ойлорум менен канча күрөшсөм да, баары андан бетер жаман боло баштады. Мен өз ойлорумду башкара албаймын деп ойлодум. Мен Кудайдын алдында таза эмес экенимди билчүмүн, бирок мындан арыла албадым. Көп жылдардан бери мен соргоктуктан азап чегип келем. Мен дайыма өзгөрө албай турганымды жана эч качан жеңе албай турганымды сезем. Кээ бир учурда мен бекем турам, бирок кайрадан жалган келет, баары башынан башталат. Эсиңердеби: Биздин ойлорубуз биздин жашоо образыбызды аныктайт. Эгер биз баары бир күнөө кылабыз деп ишенсек, анда биз күнөө кылабыз. Эгер биз кулчулукта жашайбыз деп ишенсек, анда кулчулукта жашайбыз. Эгер биз жеңе албайбыз деп ишенсек, анда жеңбейбиз. Шерил бир маанилүү нерсени белгиледи. Ал өзгөрө албай турганына ишенет. Таң калыштуу болуп көрүнсө да, бул фактыны моюнга алуу — күнөөнүн үстүнөн боло турган жеңишти көздөгөн бир кадам, анткени Ыйса айткан: «…Менсиз эч нерсе кыла албайсыңар» (Ин. 15:5). Демек, биз эмне кылышыбыз керек? Күнөөдөн кантип бошоно алабыз? Чындык гана бошотот. Машайактын курмандыгы аркылуу биз күнөөнү жеңе алабыз. Шайтан бизге эми кожоюн эмес, биз эми анын кулу болбошубуз керек. Эгер сиз Машайакта болсоңуз, анда чындык мындай… Ошентип, силер күнөөнүн бийлигинен бошотулуп, адилеттиктин кулу болуп калдыңар… Анткени Машайак Ыйса аркылуу өмүр берүүчү Рухтун мыйзамы мени күнөөнүн жана өлүмдүн мыйзамынан бошотту. (Рим. 6:18; 8:2) ## Күнөөкөрлөр үчүн жакшы кабар Биз көргөндөй, шайтан Обого эгер ал тыюу салынган жемиштен жей турган болсо, анын көзү ачыла турганын, Кудайдай болуп, жамандык менен жакшылыкты билип кала турганын убада кылган. А чындыгында ошол көз ирмемде… •Ал руханий сокур болду жана чындыкты көрбөй турган болуп калды. •Ал Кудайдын бейнеси боюнча жаратылса да, эми бул образ бузулду, Кудайдыкына карама-каршы болгон, караңгы жарыкка каршы болгондой, күнөөкөр табиятка ээ болду. •Ал чынында жамандыкты таанып калды (Кудай муну каалаган эмес болчу), бирок Кудай менен болгон мамиле бузулду, ал адил бойдон кала алган жок. Ошол кезден бери адам бул дүйнөгө келгенде ошондой абалда болот: Кудайдан бөлүнгөн, Ага жакканга жөндөмсүз, руханий сокур күнөөкөр. Биздин күнөөнүн айынан биз баарыбыз Кудайдын адил сотунун алдындабыз. Жакшы Кабар — Инжил — мындай, Ыйса бул жерге келди жана күнөөнүн талкалоочу натыйжаларын өзгөртүүгө мүмкүн болушу үчүн, Обонун бардык күнөөлөрүн, биздин күнөөлөрүбүздү Өзүнө алды. Анын күнөөсүз жашоосунун, Голгофадагы өлүмүнүн жана жеңиштүү тирилүүсүнүн негизинде биз бардык күнөөлөрүбүздөн толугу менен кечирим ала алабыз, акарат кылган Кудай менен элдешебиз жана ыйык жашоодо жашоого күч алабыз. Биз бул кечиримди жана Ыйык Кудай алдындагы акталууну машайакчы үй-бүлөдө төрөлгөнүбүз үчүн жана жыйынга барганыбыз үчүн кабыл албайбыз. Чөмүлүү алганыбыз, конфирмациядан өткөнүбүз, жакшы иш жасаганыбыз, бизди тобо кылууга чакырганда алдыга чыкканыбыз, күчтүү диний нерселерди баштан өткөргөнүбүз, кандайды-бир сыйынууну жатка билгенибиз же жыйындын жашоосуна активдүү катышканыбыз да маңыздуу эмес. Биз өз ишибиз менен күнөөдөн куткарылбайбыз. Түбөлүк куткарылууну алуунун жалгыз мүмкүнчүлүгү — Ыйсанын айкаш жыгачта кылганына таянуу. Мен куткарылганына болгон шектенүү кыйнаган аялдардан көп кат алам. Алардын кээ бирлери «туура жоопту» билишет, бирок ушу кезге чейин кандайдыр-бир күнөөдөн азап чегип келет. Көп учурда алар өз күнөөсү үчүн чындап тобо кылышкан эмес жана Ыйсага таянышкан эмес, бир гана Ал аларды куткара турганына ишенишкен эмес деп ойлойм. Алар мүмкүн динчил адамдар, бирок Кудай алдында акталууну алыша элек. А сизчи, менин досум? Душман сизди коркунучтун, шектенүүнүн жана айыптын кулчулугунда кармагысы келет. Кудай болсо сиздин эркиндикте, ишенимде жашооңузду жана кечиримге ээ болгонуңузга толук ишенүүңүздү каалайт. Сиз канчалык «жакшы адам» болгонуңузга көз карандысыз, Кудай алдында адилдикке карай жалгыз жол — бул Ыйса Машайакка болгон ишеним. Сиз канчалык күнөөкөр адам болгонуңузга көз карандысыз, Анын ырайымы сиз үчүн жетиштүү. Машайактын өлүмү — мына күнөөнүн маселесинин жалгыз мүмкүн болгон чечими. Эгер сиз эч качан өз күнөөңүздү ушундай жол менен чечпеген болсоңуз, эгер сиз Кудайдын баласы экениңизди билбесеңиз, анда мен сизди азыр токтоп, кийинки бөлүмгө өткөнгө чейин Кудай менен болгон мамилеңизди калыбына келтирүүгө чакырам. Душманга сизди сокур кылып же туткунда кармаганга жол бербеңиз. Ушул нерседен сиздин түбөлүктүүлүктөгү тагдырыңыз көз каранды. Кудай алдында Анын мыйзамына каршы күнөө жасаганыңызды жана өзүңүздү куткара албай турганыңызды моюнга алыңыз. Ал сиздин күнөөңүздүн жазасын алыш үчүн Ыйсаны жөнөткөнү үчүн ыраазычылык айтыңыз. Кудайга өз күнөөңүздөн бурулуп, Машайакка гана таянып, Аны өз жашооңуздун Кожоюну катары жол берүүгө каалооңуз бар экенин айтыңыз. Андан кийин Ал сиздин күнөөңүздү кечиргендиги үчүн ыраазычылык айтыңыз, сиздин ичиңизде жашаш үчүн келген жана эгер Ага баш ийсеңиз күнөөнү жеңгенге күч бере турган Ыйык Рухту белек кылганы үчүн ыраазычылык айтыңыз. Сиз жакында эле ишенип калдыңызбы же Теңирди бир нече убакыттан бери билесизби, келиңиз, эски пуритандык сыйынуу менен сыйыналы. Келиңиз, бизди Кудай кайсы жерден тапканын, Ал биз үчүн эмне кылгандыгын эстейли: Жардам бер мага, эч качан унутпайын күнөөнүн жийиркеничтүү экендигин Куткарылуунун керемет адилдигин, Машайактын сонун даңкын, Ыйыктыктын керемет кооздугун, Ырайымдын сонун кереметин.5 # ЖАЛГАНГА КАРШЫ ЧЫНДЫКТЫ КОЙ ЖАЛГАН 13.Мен күнөө жасай алам, бул үчүн мага эч жамандык болбойт. ЧЫНДЫК • Мен бүгүн тандаган нерсенин аныктуу натыйжасы бар. Мен эмнени сепсем ошону ором. • Күнөөнүн ырахаты кыска убакытка гана созулат. • Эгер мен от менен ойносом, анда күйөм. Мен күнөөнүн айынан болгон натыйжалардан кача албайм. ЖАЛГАН 14.Менин күнөөм чынында анчалык деле олуттуу эмес . ЧЫНДЫК • Ар бир күнөө — бул Кудайга каршы козголоң. • Кичине жана олуттуу болбогон күнөөлөр болбойт. ЖАЛГАН 15.Кудай менин кылган ишимди кечирбейт . ЧЫНДЫК • Мен жасаган ар бир күнөөнү жабыш үчүн Ыйсанын каны жетиштүү. • Кудай кечире албаган күнөө болбойт. • Кудайдын ырайымы жарык дүйнөдөгү эң чоң күнөөдөн да чоң. ЖАЛГАН 16.Мен өзүмдүн кылган иштерим жана реакциям үчүн толугу менен жооп бербейм . ЧЫНДЫК • Кудай менден башка адамдардын күнөөсүн сурабайт. • Мен өзүм тандаган нерселер үчүн жооп берем. ЖАЛГАН 17.Мен дайыма эле күнөөнү жеңе албайм . ЧЫНДЫК • Эгер мен Кудайдын баласы болсом, анда күнөө жасабайм. • Мен күнөөнүн кулумун. Машайакта мен күнөөдөн бошондум. • Кудайдын ырайымы жана Машайактын айкаш жыгачтагы жеңиши аркылуу мен күнөөнү жеңе алам. # ПРАКТИКАЛЫК КОЛДОНУУ 1. Кудай менен МАКУЛ БОЛУҢУЗ. Күнөө жөнүндө кандай жалганга ишенчү элеңиз? 2. Жоопкерчиликти өзүңүзгө АЛЫҢЫЗ. Бул жалганга болгон ишеним сиздин жашоо образыңызга (сиздин мамилеңизге жана иш-аракеттериңизге) кандай таасир тийгизди? 3. Чындыкты ЖАРЫЯЛАҢЫЗ. Жогоруда келтирилген чындыктардын ар бирин үн чыгарып окуңуз. Алардан кайсынысы азыр сиз үчүн актуалдуу? Өз акылыңызды Кудайдын Сөзү менен жаңылаңыз. Төмөнкү үзүндүлөрдү үн чыгарып окуңуз. Бул аяттар күнөө жөнүндө, анын сиздин жашооңузга тийгизген таасири жана күнөөнүн маселесин Кудайдын чечкени жөнүндө эмне дейт? Заб. 31:1–5 Жкп. 1:13–15 1 Жкн. 1:5–9 Рим. 6:11–14 4. Чындыктын негизинде ИШ ЖАСАҢЫЗ. Сиздин жашооңуз чындыкка туура келиши үчүн кандай кадамдарды жасашыңыз керек? 5. Чындыкта жүрүш үчүн Кудайдан сизге жардам беришин СУРАНЫҢЫЗ. Теңирим, мен күнөөгө жана анын натыйжаларына көп учурда жеңил ойлуу караганым үчүн тобо кылам. Мен түшүнөм, күнөө — бул Сага каршы козголоң жана ал Сенин жүрөгүңдү капалантат. Менин күнөөм үчүн жетишерлик төлөнгөн баа болгон Ыйсанын каны үчүн рахмат. Теңирим Ыйса, менин күнөөм үчүн айыпты жана жазаны алганың үчүн, мага Кудайдын адилеттигин белек кылганың үчүн рахмат. Суранам, менин күнөөм үчүн болгон Сенин курмандыгыңа жетишерлик олуттуу мамиле кылбаганым үчүн кечир. Толук кечирим үчүн жана мен Сенин алдыңда айыптан жана соттоодон эркин тура алганым үчүн рахмат. Айкаш жыгачтын жана менин ичимдеги Ыйык Рухтун күчү менен мен күнөөдөн эркин болуп, Сага тил алчаак боло ала турганым үчүн рахмат. Мен Сени убадаң үчүн даңктайм, Сен Өз балдарыңды күнөөнүн катышуусунан толук куткарып, бизди асманга түбөлүккө алып кетесиң. Ыйсанын ысмынан. Омийин. # БЕШИНЧИ БӨЛҮМ. БААЛУУЛУКТАР ЖӨНҮНДӨ… АЯЛДАР ИШЕНГЕН ЖАЛГАН Кымбаттуу кундөлүк! Бул окуялар жашоомо бороон сымал кирип келди! Бир канча айдан бери өз ойлорумду жаза элек болчумун. Акыркы күндөрү такыр убакытым жок. Биздин балдар ушунчалык шок! Мен алардын артынан чуркап, алардын чачкандарын жыйнап эле жүргөнсүйм. Таң калыштуу, алар ушунчалык тездик менен үйдү баш аламан кылып салышат. Ушунчалык тез чоңоюшат, көз ачып-жумганча эр жетишип, бизден узап кетишет. Мен болсо алар кичинекей мезгилинде алар менен бирге ойноп, кубанып, аларга жашоодогу эң маанилүү нерселерди үйрөткүм келет, болгон мүмкүнчүлүктү текке кетиргим келбейт. Түшүм жыйноо мезгили келди. Бул мезгил Адам үчүн жылдын эң кыйын мезгили. Биз абдан аз көрүшөбүз. Бирге отуруп, балдарыбыз, келечегибиз тууралуу сүйлөшүүнү абдан каалайм. Акыркы күндөрү болбогон нерселердин айынан эс алганы, Кудай менен сүйлөшкөнү таптакыр убакытым болбоду. Балдарыбыз төрөлгөнгө чейин баары башкача болчу. Азыр болсо бир күндөгү сааттар да кыскарып кеткенсийт. Кечинде буттарымда тура албай калам, эртеси ойгоном, ошентип баары кайрадан башталат. Бул ар күнү … Биз менин көз карашым менен азгыруунун үч фундаменталдуу областын карап көрдүк: биздин Кудай жөнүндөгү, өзүбүз жана күнөө жөнүндөгү элестетүүлөрүбүз. Булар биздин калган ишенимдерибизди аныктайт. Эгерде биз бул сфераларда алдансак, калган нерселерде да алдануу мүмкүнчүлүгүбүз көбүрөөк болот. Кийинки бөлүмдөрдө биз көптөгөн машайакчы аялдар жалган түшүнүккө ээ болгон бир канча практикалык аспектилерге токтолобуз. Анда биз өзүбүздүн артыкчылыктарыбыздан баштайлы. Бир канча жыл мурда аялдардын кийимин саткан дүкөндө илинип турган дубал кагазы бул калптын кээ бир жемиштерин көрсөтөт: Мен аялмын. Мен жеңилбесмин. Мен чарчадым. Хеллен Реддинин (70-жылдары Грэмми сыйлыгын жеңип алган) ырына байланышкан бул сөздөр, албетте, жылмаюуга мажбурлайт. Ошону менен бирге эле ар бир аялды кыйнаган бул суроону туудурат. Кыйынчылыктарды кантип жеңсе болот жана күн сайын жашообуз таштаган чакырыкка кантип жооп берүү керек? Мен тааныган көптөгөн аялдар өздөрүн жеңилбесмин деп сезишпейт. Тескерисинче, алардын көпчүлүгү дайыма өзүн толук эмес сезүүнүн, өзүнө ишенбестиктин айынан азап тартышат. Бирок көпчүлүк аялдар өзүн жүдөңкү, чарчаган сезишет. Алар өздөрүнүн милдеттерин жана ролдорун аткарууда мүмкүнчүлүктөрүнүн жетпегенин сезишет. Бул сезимдер алдайт жана акылына азыркы коомдогу душман сээп жаткан ар түрдүү жалганды себет. Мисалы: ## Керектүүнүн баарын аткарыш үчүн менин убактым жок Биздин изилдөөнүн жыйынтыгында бул калп абдан кенири жайылганы белгилүү болду. Аялдардын жетимиш пайызы бул жалганга ишенээрин айтышты. Бул жыйынтык мени таң калтырган жок. Анткени бүгүнкү күндө ар бир аялдан: «Кандайсың?» — деп сурасаңыз, үшкүрүнүү менен же онтоо менен: •Менин эч нерсеге убактым жетпейт! •Үй-бүлөмдө оюма келбеген нерселер болуп жатат! •Керектүүнүн баарын кылганга эч убактым жетпейт! •Ушунчалык чарчагандыктан бутумда араң турам! деген жоопту угарыңыз анык. Көп учурда аялдар (машайакчы аялдар да мындан сыртта эмес) өзүнүн иштерин кыла алгыдай абалда эмес экенин жана ага такыр убактылары жетпегенин сезишет. Мунун жыйынтыгында тыйын чычкан дөңгөлөктө айланган сыяктуу эс албастан, тынчтыгы жок, кубанычсыз абалда ошол иштердин айланасында тегеренип жүрүшөт. Көп жыл мурда биздин заманыбызда бир аялдын кызматында убакытты үнөмдөй турган элүү чакты заманбап үй техникалары кызмат кыла тургандыгын окудум. Бул сандар так эмес болушу мүмкүн, бирок бизде өткөн муундагы аялдарда болбогон шарттардын баары бар. Элестетип көрүңүз, эч кандай идиш жуучу машина, микроволновка, чач кургаткыч, авто унаа болбогон, жада калса, электр тогу, үйдүн ичинде дааратканасы, жуунучу каанасы да болбогон заманда жашап жатканыңызда кандай болмок. Бала кезимде дүйнөлүк жетишкендиктерди, «келечектин жашоосун» көрсөткөн көргөзмөгө барганымды эстейм. Техникалык жетишкендиктер жана электр приборлору аялдардын жашоосун жеңилдетти, эс алганга жана убакытын бир аз «маанилүүрөөк» нерселерге жумшаганга шарт түзүп берди. Мына ошентип келечектин жашоосуна да жетип келдик. Азыр бизде менин балалык кезимде эң акылдуу адамдардын да башына келбеген, элестете албаган буюмдар, приборлордун баары бар. Эмне үчүн биздин жашообуз мурункуга караганда түйшүктүү болуп кетти? Желкебизден оор жүк басып турат? Буга бир канча түшүндүрүүлөр болушу мүмкүн. Ал себептердин ичинен бирөөсү — биздин бардык нерсени кылганга убактыбыз жетпейт деген жалганга ишенип алгандыгыбыз. Бизде да мурдагы кылымдарда жашаган адамдардан көп дагы эмес, аз дагы эмес, ошолордукундай убактыбыз бар. Кандай жумуштагы, кандай кызмат орунун ээлеген адам болбосун, анын бир күндө 24 саат, жумасына 168 саат, бир жылда 52 жума гана убактысы бар. Жада калса, Ыйса Машайактын да жердеги жашоосунда куткарууну ишке ашыруусу үчүн бир канча жыл эле убактысы болгон. Мына ушул нерсе, чындыгында, аткарылуучу «иштердин тизмеси» болгон! Бирок өмүрүнүн акырында Ыйса Атасын карап минтип айта алган: «Мага тапшырган ишиңди аткарып, Мен Сени жер үстүндө даңктадым» (Жкн. 17:4; курсив меники — Н.Д.). Бул мени таң калтырат. Мен өмүрүмдүн акырында пландаштырган иштеримдин баарын аткардым деп айта албашым мүмкүн. Тескерисинче, кечинде төшөгүмө кеч жатканда кылам деп ойлоп, бирок аткара албаган узун тизмедеги иштерим тууралуу ойлоном. Ыйса кантип Өзүнүн кыска жашоосунда иштеринин баарын аткарып бүттү? Жооп — Ыйсанын айткан сөздөрүндө. Бул күчтүү чындык бизди шашкандыктын жана көңүл калуунун кулчулугунан куткарат. Карагыла, Өзүнүн жерде жашаган отуз үч жылынын ичинде Ыйса кандай иштерди бүтүргөн: «Мен Сенин Мага тапшырган ишиңди аткардым». Анын сыры мына ушунда. Ыйса шакирттеринин каалаганын баарын аткарган жок. (Жада калса алардын кээ бирөөлөрү Ыйса Рим падышалыгын кулатат деп үмүттөнүшкөн.) Ыйса Өзүн ээрчип жүргөн топ адамдардын каалаганынын баарын аткарган эмес. (Оорулуулар жана өлүм алдында жаткандар да көп болчу.) Бирок Ал Кудайдын тапшырган ишин аткарган. 24 саат ичинде тегерегимдеги адамдардын каалаганынын баарын аткарганга эч качан менин убакытым жетпейт. Өзүмдүн каалаган нерсемдин баарын аткарганга да убакытым жетерине көзүм жетпейт. Жолуккусу келгендердин баары менен жолугуша албайм, мени менен сүйлөшкүсү келгендердин баары менен сүйлөшө албайм, муктаждардын баарына жардам бере албайм, досторум сенин колуңдан келет деген проектилердин баарын ишке ашыра албайм, кызыктуу китептердин баарын окуй албайм, досторум менен бирге өткөргүм келгенче убакытты бирге өткөрө албайм, каалаган мезгилде мейман келип калышы мүмкүн болсо да, мейман күтүлчү бөлмөмдү дайыма таза кармай албайм. Физикалык жактан бул такыр мүмкүн эмес. Мунун баарын кылганга милдеттүү эмесмин дегенде кандай гана жеңилдейсиң! Чындыгында мен Кудайдын мага тапшырган иштерин гана аткарышым керек. Кудай мен үчүн бул күнгө, бул жумага жана бүт өмүрүмө пландаштырган бардык ишке убакытым бар экениндиги жөнүндөгү фактты билгенимде мен чыныгы эркиндикти сездим! Кудай мага тапшырбаган иш жөнүндө өзүмө жоопкерчилик алганымда тынчсыздана берем. Качан мен Кудайдын менден эмне каалап жаткандыгын ойлобостон, кыла турган иштеримдин тизмесин өзүм даярдаганымда, же башка бирөөлөрдүн менин баалуулуктарымды белгилешине жол бергенимде, начар аткарылган же али баштала да элек болгон иштердин астында көмүлүп калам. Өзүмдү күнөөлүү сезип, шашылып, депрессияда жашап, Кудай мага сунуш кылган ирээттүү жашоонун даамын билбей калам. Бул нерсени билүү абдан маанилүү, Кудайдын мен үчүн белгилеген «иштеринин тизмеси» башка бирөө үчүн белгиленген иштерден айырмаланып турат. Ыйса мындай деген: «Сен Мага тапшырган ишти аткардым». «Петирге, Жаканга же Менин апама тапшырган ишти аткардым» деген эмес. Кудайдын мага тапшырган иши Анын сизге, менин кесиптештериме жана досторума тапшырган ишинен айырмаланып турат. Кичинекей үч баласы бар аялды Кудай анын күйөөсү аткара турган, же күйөөгө чыга элек жаш кыз аткара турган, же балдары чоңоюп бөлүнүп кеткен аял аткара турган иштерди аткарууга мажбурлабайт. Анан да биздин жашообуз бир канча мезгилдерге бөлүнөт. Кырк жашымда Кудай мага жаш мезгилимдеги иштерди тапшырбайт жана карыганымда аткара турган иштеримди да тапшырбайт. Биздин замандын аялдары оңой эле ишенип алган дагы бир жалган бар. Бул — «мен баарын кыла алам», «мен идеалдуу аял жана идеалдуу эне болушум керек, үйүмдө дайыма тазалык жана ирээттүүлүктү сакташым керек, даамдуу жана ден соолукка пайдалуу тамактарды даярдашым керек, балдарымдын мектептеги жашоосунан, жыйындан, коомдон дайыма кабардар болуп турушум керек, дайыма тың, тышкы көрүнүшүм жагымдуу болушу керек, ошону менен бир учурда толук эмгек акы алып иштешим керек» деген жалган. Сокур сезим менен жогоруда саналган жалгандарга ишенген аялдар чарчоонун жана көңүл калуунун сазына белчесинен батып калары турган сөз. Эч бир аял бардык ролду бир убакта сапаттуу аткара албайт. Эртеби-кечпи бир нерсе (же кимдир бирөө) мындан сөзсүз азап тартат. Көңүл калуу — бул Кудай бизге тапшырбаган ишти аткаруунун жыйынтыгы. А эркиндик, кубаныч жана ийгилик болсо, качан биз жашообуздун белгилүү бир учуруна белгилеген Кудайдын баалуулуктарын аныктоого умтулганыбызда келет. Анан биз аны Кудайдын Ыйык Руху аркылуу жашообузда ишке ашырганга аракет кылабыз. Муну менен бирге Ал бизге тапшырган бардык иш үчүн баарын — убакытты да, мүмкүнчүлүктү да берип койгонун түшүнүшүбүз керек. Төмөндөгү күбөлөндүрүүлөр артыкчылыктар жана убакыт жөнүндөгү шайтандын жалганы бизди кулга айландыра турганы жана чындыктын бизди кантип эркин кыла тургандыгы жөнүндө: «Такыбаа машайакчы аялдын» бардык милдеттерин аткара албаганым үчүн дайыма өзүмдү күнөөлүү сезчүмүн. Кайсы бир ишти жакшы аткара алам деген сезим менде эч качан болгон эмес. Кудай мага тапшырган ишти аткаруу үчүн менде ашыгы менен убактым бар экендигин түшүнүү мага абдан чон жеңилдөөнү алып келди. Күчтүү стресске кабылганымда мен бул чындыкты кайра-кайра кайталай берем. Кайталоонун өзү эле мени тынчтандырып коет. Азыр убакыт ушунчалык тез учпайт жана мен чындыгында «чындыкта» жашай алам. Эч нерсеге убактым жетпейт деген жалганга ишенип жүргөнмүн. Өз милдеттеримди так өзүндөй аткарчу эмесмин, айлам куругандык жана үмүт үзүлүү сезимдери мени таштап кетчү эмес, анткени үйүм дайыма чачылган болчу, балдарым өздөрүн жаман алып жүрүшчү. Кудай мага тапшырган иштердин баарын аткарууга убакытым жетерин түшүнгөнүмдө, көбүнчө Ал мага тапшырбаган эле иштерди аткарууга аракет кылып жургөнүмдү мойнума алдым. Жашоомдо ашыкча нерселерден арылууну баштадым, эмнени кылбашым керектигин жана башкаларга эмнени дайындай ала турганымды аныктап ала турган болдум. Ал үчүн жана мен үчүн эмне маанилүү экендигин түшүнүш үчүн муну күйөөм менен чогуу талкуулап алганды үйрөнүп жатам. Бул оңой процесс эмес, бирок менин кээ бир иштерим жеңилдеди. Бул нерсе өз жашоомду ирээтке келтирүүгө жана эркиндикке ээ болушума күч берээрине үмүттөнөм. Ошондо Кудайдын мага тапшырган иштеринин баарын аткара алам. Бул Ыйык Рухтун жетеги жана Кудайдын ырайымы менен гана ишке ашат. Эгер менин жыйыным мага муктаж болуп жатса, мен кызмат кылганга милдеттүүмүн деп ишенчүмүн. Эмнени кылыш керек болсо, баарын аткарууга киришчүмүн. Жыйынтыгында дээрлик ар бир күнү жыйында кызмат кылып калдым. Мен муну каалагандыктан эмес, милдеттүүмүн деп кабыл алгандыктан кылчумун. Мен өзүмө бир дагы жардамчы таба албадым, анткени эч ким менчелик тырышып иштегиси келчү эмес. Мен өзүмдү «бирден бир» жана алмаштырылгыс катары сезчүмүн. Качан мен биротоло күйүп бүткөнүмдө кайтаруучубуз мага бардыгы үчүн иштегенге милдеттүү эмес экенимди, Кудайдын тапшырган иштерин гана аткарышым керектигин түшүндүрүп берди. Азыр деле кээ бир кызматтарды алып барам, бирок Кудайдын мага тапшырганын гана. Эгер бир иш менин ишим эмес болсо, мен «жок» деп айтканды үйрөндүм. Мен жакшы кылганмын, бирок Кудай менден муну сураган эмес. Ага чын жүрөктөн кызмат кыла алышым үчүн Кудай мени бул кулчулуктан куткарды. Азыр мен кызмат кылууга мүмкүнчүлүктү эмес, Кудайдын эркин издөөгө аракет кылам. Жана азыр мен Кудайдын бардык чакыруусуна жооп бере алам. ## Кудай Сөзүн туруктуу окубасам да, туруктуу сыйынбасам да баарын ойдогудай кыла алам Биз жогоруда айтып өткөн жалгандан бул жалгандын айырмасы машайакчылардын бир азы гана муну үн чыгарып мойнуна ала алат. Бирок сурамжылоо жүргүзүлгөн аялдардын 48% бул жалганга ишенерин мойнуна алышты. Бул жалган «популярдуулуктун» тизмесинде төртүнчү катарда турат. Шайтан бизди Кудайга көз каранды болбой эле жашай аласыңар деп ишендирет. Эгерде душман бизге Кудайдын Ыйык Рухунун күчүнө эмес, өз күчүбүзгө таянып жашаганды үйрөтүп алса, биздин Кудайга «ишенебизби», туура доктриналарды колдойбузбу, «руханий» иштерде жана кызматтарда катышабызбы аны тынчсыздандырбайт деле. Эгерде ал бизди Ыйса Машайак менен мамилебизди өнүктүрбөй эле «машайакчылыкча» жашай баштаганга көндүрүп алса, анда руханий алсыз болуп калабыз жана жеңилүүгө учурайбыз. Кудайдын эркин Анын Сөзү жана сыйынуу аркылуу издебей эле, «Кудай үчүн» улуу иштерди кылганыбызда диний адам болуп көрүнөбүз, бирок шайтан үчүн зыянсыз болуп калабыз. Эгер ал бизди Кудайдын акылмандыгын издебей, өз акылыбызга жана идеяларыбызга таянып жашаганга көндүрүп алса, дүйнө бизди талкалап кыйратып бүтөт. Мен Иветта деп атаган аял бул жалгандын өз жашоосундагы натыйжаларын айтып берди: Качан мен Кудай Сөзүндө жана сыйынууда убакыт өткөргөнүмдө, мектепке чейинки жаштагы үч балам болсо да, күнүмдүк жашоомдо өзгөчө көйгөйлөр болбойт. Анан тынчтанам дагы, минтип ойлоном: «Мен кандай гана азаматмын», анан артыкчылыктарымды алмаштырам. Көз ачып жумганча жашоом хаоско айланып кетет. Балдарыма кыйкырам, ачуу үстүндө сабап салганга чейин барчумун, кантип ушунчалыкка бардым деп өзүмдү түшүнбөй калат элем. Мен кандай болушум керек? Тилекке каршы, менде күч жок экенин, мага Кудай керек экенин дароо эле мойнума албайм. Шайтандын жалганы ушунчалык билинбестен уурданып кирип алат! Эгер мен Кудай Сөзүндө болбосом, ага ишене баштайм. Биз Кудай Сөзүнө баш ийбей жашап баштасак, алсыз болорубузду шайтан билет. Эски осуятта алты жолу: Дөөт «Теңирге кайрылды» (1 Шем 23:2,4;30:8; 2 Шем. 2:1, 5:19, 23) деп айтылат. Кудайсыз ал эч нерсе экенин, эч нерсеге жөндөмү жок экенин билген. Күн сайын эрте менен күнүмдүк иштер менен алектенерден мурда сыйынууда өз жүрөгүн Кудайга бурган: Теңирим! Таң заардан үнүмдү ук, алдыңа эрте келип күтүп турам… Таң заардан Сени чакырам. Сенин сөзүнө таянам. (Заб. 5:4; 118:147) Кудай менен Анын Сөзүндө жана сыйынууда жекече чогуу убакыт өткөрүү канчалык маанилүү жана канчалык баалуу экендигин мен билемин. Мен керек болсо бул жөнүндө китеп да жазганмын. Бирок көбүнчө «алгач Кудайдан сурабастан» бул күндүн майда иштерине жана түйшүктөрүнө көп көңүл бурам. Ушуну кылып жатып, мындай деп айтам (муну сыртыма эч качан үн чыгарып айтпасам да) бүгүн Кудайдын катышуусусуз, акылмандыгысыз, ырайымысыз эле өзүм жашай алам. Мен айтам: иштей алам, үйүмө кам көрө алам, адамдарга туура мамиле кыла алам жана кыйынчылыктарымды Ансыз эле чече алам. Көз карандысыздыктын жана жеке жетишкендиктин бул руху — текебердиктин көрүнүшү. Ыйык Китеп мындай деп окутат: «Кудай текеберлерге каршы турат» (Жкп. 4:6 кара). Эгер мен текебердикте жашасам, Кудай менин кылган аракетиме каршы чыгаарына даяр болушум керек. Кээде менде мындай сезим болот, Кудай мага: «Бүгүн сен өз алдыңча жашагың келеби? Алга!» дегенсийт. Мындан эмне чыгат? — Эң жакшы болгондо бош, жемишсиз, өзүм үчүн гана жашаган күндү өткөрөм. Жаман болгондо өзүмө-өзүм түзгөн коркунучтуу хаоско туш болом. Башка тараптан караганда «момундарга Кудай ырайым кылат». Мен эрте менен күндү мага Ал керек экендигин, Ансыз жашай албай турганымды моюнга алып, момун болуп баштаганымда, Анын Кудайлык жардамына таяна алам. Чындык мында: Анын ичинде болбой туруп, Аны менен туруктуу, акыл менен кабылданган союзда болбой туруп, Ага тил алчаак болбой туруп, мен руханий жана түбөлүктүү баалуулугу бар эч нерсе кыла албайм. Албетте мен көп иштерди кыла алам, чечимдерди чыгара алам, бирок акыр аягында менин жашоомдо чыныгы баалуу нерсе болбогондугун көрө алам. Эгерде Кудай Сөзүндө жана сыйынууда Кудай менен мамилени өнүктүрүү үчүн туруктуу убакыт бөлбөсө, такыбаа аял болууга мүмкүн эмес. ## Аял жана эненин ролун аткарууга караганда карьера көбүрөөк канааттанууну алып келет. Жарым кылым мурда чечкиндүү аялдардын кичине тобу философиялык жана маданий революцияны жүргүзүүгө белсенип чыгышты. Аялдар эркектердин жеке бийлик жүргүзүүсүнүн кишенинен бошонушу керек деп ишенген алар китептерди жазышты, статьяларды басып чыгарышты, колледж жана университеттерде окутушту, протест марштарын уюштурушту, Конгресс өткөрүштү жана көптөгөн жолдор аркылуу миллиондогон аялдардын жүрөктөрүн жана акылдарын утуп алышты. Алар «аял» деген түшүнүккө өздөрүнүн аныктамаларын киргизишти, аялдардын артыкчылыктарына жана алардын жашоосундагы миссиясына традициялык көз караштарды жайылтышты. Жакшылык кылуучулук, такыбаалык, акылдуулук, чарба жайын билгичтик, баш ийүүчүлүк, жөнөкөйлүк деген түшүнүктөрдү сөздүктөн өчүрүп салышып, анын ордун тандоо, ажырашуу, ишенимсиздик жана «унисекс жашоосунун стили» деген сөздөр менен алмаштырышты [5]. Азыркы жаңы муун такыр мындан башкача ойлоно албайт. Аялдыкка болгон «жаңы» көз караштын эң кыйратуучу максаттарынын (же жыйынтыктарынын) бири — нике жана энеликтин маанисинин төмөндөшү, аялдардын ордун үйдөн жана үй-бүлөдөн көчүрүп, физикалык түрдө да, эмоционалдык түрдө да заводго жана офиске жайгаштырып салгандыгында. Доктор Дороти Паттерсон мындай байкоо жүргүзгөн: Аялдар көп кылымдар бою ыракаттанып келишкен чыныгы эркиндиктен — үйдө болуу эркиндигинен, балдарды тарбиялоо жана чыгармачылык менен алектенүү эркиндигинен «эркин болушту». Престиждүү төлөгөн эмгеги жок калуу аялды жашоодон көңүлү калуусуна, эригүүгө жана өз үйүнүн түрмөсүнө камалуусуна алып келерине аларды мажбурлап ишендиришкен.1 Статистика көрсөткөндөй, эмгекке жайгаштырууда, эмгек акы маселесин чечүүдө жана билим алуу мүмкүнчүлүгүндө жыныстык дискриминация азыркы учурда феминисттик кыймылдын активисттери узак жана өжөрлүк менен аракет кылганчалык курч абалда эмес. Бирок жаңы эркиндиктин «кошумча эффекти» кайсылар? Биз төмөндөгү кыйынчылыктарга туш келерибизди ким билиптир: •Аялдар эне жана аял болуп, отурган ордуңда отура бербе деп чакырган иштеген досторунун басымынын астында калганын сезишти. •Көпчүлүгү үй кызматындагы аялдын статусун кулдун статусуна теңеп калышты. •Таң эрте менен миллиондогон бөбөктөрдү жана мектеп жашына чейинки балдарды ясли жана бала бакчаларга алып барып салышат да, караңгы киргенде гана ал жерден алып кетишет. •Миллиондогон балдар мектептен бош үйгө кайтып келишет же узартылып окулган группада калышат. •Энелер өзүнүн күчүнүн көпчүлүк бөлүгүн өзүнүн балдарына жана күйөөсүнө эмес башкаларга жумшагандыктан, алар ага өнөкөткө айланган чарчоонун жана кыжыр кайнатуунун себебине айланат. •Үй-бүлө мүчөлөрү кечки тамакты сейрек учурда гана чогуу ичишет. •Балдар чуркап жүрүп эле чала бышырылып даярдалган тамактар менен же бутерброд менен түштөнүп алышат. •Күйөөсү бар аялдар өз күйөөлөрүнө караганда чогуу иштеген эркектер менен көбүрөөк убакыт бирге болгондуктан, эмоционалдык жана физикалык ойноштукка баруу коркунучу жогорулайт. •Аялдар каалаганда өз күйөөсүнөн коркпостон кетип калганга мүмкүнчүлүк бере ала турган жетишерлик финансылык көз карандысыздыкка ээ болушту. •Аялдар күн сайын жумуштан орой жана уятсыз сөздөрдү угушат. •Аялдарда өз балдары менен жакын мамилесин өнүктүрүүгө убакыты жана күчү калбайт, жыйынтыгында бой жетип калган өз балдарына жат адам болуп калат. •Балдар көп убактысын телевизор, видео көрүп жана электрондук, компьютердик оюндарды ойноп өткөрүшөт. •Чоңдор тарабынан жетишерлик кам көрүлбөгөн балдар порнография, ичкилик, наша, секс жана зордук-зомбулук сыяктуу көйгөйлөргө кабылышат. •Улгайган ата-энелер карылар үйүнө ташталат, анткени алардын кыздары жана келиндери толук айлык алуу менен иштегендиктен, аларга кам көрө албайт. Машайакчылардын артыкчылыктарын аныктап жатканда алгач биз өзүбүздөн сурашыбыз керек: Кудай аялды эмне үчүн жараткан? Анын мааниси эмнеде? Кудай Сөзү ар кайсы муундагы, ар кайсы улуттагы аялга анын жаратылышынын максаты, негизги тапшырмасы жана чакыруусу жөнүндөгү чындыкты ачып берет. Качан биз бул чындыктын бетине караганыбызда жана өз баалуулуктарыбызды, иш тартибибизди анын айланасында курганыбызда чыныгы эркиндикке ээ болобуз. Башталыш китебинде (2:18) аялдын жаратылышынын биринчи жана эң так аныктамасын көрө алабыз: Анан Кудай-Теңир мындай деди: «Адамга жалгыз болуу жакшы эмес, ага ылайык жардамчыны жараталы». Мына — Кудай аялды эркекке жардамчы кылып жаратты, ал аны толуктап турсун деп жаратты, анын муктаждыктарын канааттандырсын деп жаратты. Аялдын жашоосу эркектин жашоосунун айланасында курулушу керек, тескерисинче эмес. Аял «эркектен» жаратылган, эркек үчүн жаратылган жана ага Кудай тарабынан тартууланган. Аялдын күйөөсү менен болгон мамилеси аялдын Кудайга кызмат кылуусунун эң биринчи жана эң маанилүү бөлүгү болгон. Күйөө болсо иштеп, үй-бүлөсүн камсыз кылууга милдеттүү болгон. Аял ага жардамчы жана дос болуш керек, күйөөсү Кудайдын бейнесинде жаратылган сыяктуу жерди башкарып, жигердүү укум-тукумду улашы керек болгон. Алар биргеликте жер бетин Кудайды сүйгөн жана Анын буйругун аткарууга аракет кылган жаңы адамдар менен толтурушу керек болчу. Аял уникалдуу жаратылган, жашоону алып кете алышы үчүн Жараткан тарабынан ага физиологиялык, эмоционалдык, акыл жана руханий тараптан мол жөндөмдүүлүктөр берилген. Кудай аялга үй-бүлөсүнө сулуулук, жашоонун байлыгын, ырайым жана кубаныч тартуулай ала турган жөндөмдүүлүк берген. Өз үй-бүлөсүнүн жүрөгүнө айланган аялдан өткөн ийгиликтүү аял жок. Тиметейге жазган биринчи катында элчи Пабыл жыйын кандай жесирлерге кам көрүшү керектигин аныктайт. Бул тизмеден биз аялдын жашоосунун ар бир бөлүгүндөгү негизги тапшырмаларын таба алабыз. Элчи Пабыл жашоосу үйүнүн жана үй-бүлөсүнүн айланасында курулган, өзүн башка бирөөлөрдүн муктаждыгы үчүн кызматка арнаган аялдарды сыйлаган. Пабылдын койгон талаптары ар бир машайакчы аялдын артыкчылыктарынын тизмесинде болушу керек: …жакшы иштери менен таанымал болгон аял, эгерде балдарын тарбиялап өстүргөн болсо, жолоочуларды кабыл алып, ыйыктардын бутун жууп, кыйналгандарга жардам берип, жакшы иштерди тырышчаактык менен кылып жүрсө, анда ал Жыйындын жесирлер тизмесине киргизилсин. (1 Тим.5:9–10) Пабыл качандыр бир мезгилде күйөөсү болгон аялдар жөнүндө ачык айткан, бул дагы бир жолу Ыйык Китептин окутуусу нике — Кудайдын көптөгөн аялдар үчүн белгилеген нерсеси экендигин далилдейт. Бирок Корунттуктарга жазылган биринчи катта (1 Кор. 7:32–35 кара) күйөөсү жок аялдар дагы «үй курууга» чакырылган, бирок башка мааниде. Алар өздөрүн ишеним үйүн курууга арнашы керек, өзүн курмандыкка арнап жашашы керек, бурчтун негизине өз кызыкчылыктарын жана умтулууларын эмес, Машайактын жана Анын Падышалыгынын кызыкчылыгын коюп жашашы керек. Ыйык Жазуу күйөөсү бар аялдын жашоосу жана кызматы өзүнүн үйүнүн жана үй-бүлөсүнүн айланасында болушу керектигин ачык айтат. Бул нерсе эгерде ошол жумуш аялдын негизги чакыруусун үйүндөгү кызматын аткарууга тоскоолдук жаратпаса, эне жана аял үйүнөн сырткары жерде иштебеш керек дегенди билдирбейт. Анан да аял өзүнүн мотивдерин аныктап алуусу зарыл, эмне үчүн ал иштегиси келгенин түшүнүп, анын артында кандайдыр бир жалган жок экендигин текшерип алышы керек. Мисалы, бүгүнкү күндө бир адамдын эмгек акысына жашоо мүмкүн эмес деп эсептешет. Чындыгында, феминисттик революциянын жыйынтыгында биздин экономика ата-эненин экөөсү тең иштеген үй-бүлөгө көз каранды болуп калды. Бирок бул нерсе үй-бүлө бир адамдын эмгек акысына жашай албайт дегенди билдирбейт. Кудай эркекке өз үй-бүлөсүнө азык таап келүүнү тапшырган. Душман мындай жашоо чыдагыс кыйын болушуна кам көрүп койду, бирок эгерде биз аны чын жүрөктөн кааласак чындыкта жашоо дайыма мүмкүн. Менин көптөгөн жакын досторум бар, аларда алтыдан, жетиден, сегизден, керек болсо тогуздан балдары бар, ошого карабай алар бүт убакытын үйүндө, балдары менен бирге өткөрүүнү чечишкен. Бул оңой эмес, бүгүнкү күндө керек болгон көп нерселер аларда жок. Ооба, алар кайсы бир мааниде өздөрүн көп нерседе курмандык кылып жатышат, бирок бул курмандыктар алар ээ болгон нерселердин алдында эч нерсеге арзыбайт. Чындыгында ар бир жагдайда… •Бул бактылуу, кубанычка толгон үй-бүлөлөр. •Ата-энесинин экөөсү тең иштеген үй-бүлөлөргө караганда аларда чыныгы артыкчылыктар жөнүндө көбүрөөк туура түшүнүктөр бар. •Алар бардык нерседе Кудайга таянганды жана сыйынганды үйрөнүшкөн, «күнүмдүк азыктан» баштап, жогорку билимдин эмгек акысына чейин жетишкен. •Ата-энелери дайыма балдары каякта экендигин билишет, дайыма байкоо жүргүзө алышат, алардын оюндарын жана сабактарын керектүү багытка бура алышат. •Балдар жана ата-энелер достошо башташат. •Жыйындын кызматтарында активдүү катышышат, ата-эненин экөөсү тең күндүн көп бөлүгүндө иштеген үй-бүлөлөрдүн болсо буга убакыты да, күчү да жетпейт. Эми өзүңөр карап көргүлөчү, ким көбүрөөк жоготот? Керек болсо, көпчүлүк аристократ аялдар да, эгерде аял үй-бүлөсү менен карьераны бирге алып кетүүгө аракеттенсе, үйдө кандай чыңалуу болорун түшүнүшөт. Актриса Кэтрин Хепберн качандыр бир интервьюсунда мындай деген: Бир эле учурда аял ийгиликтүү карьера кылышына жана энелик кылышына ишене албайм. Менин замандаштарымдын маселеси экөөнү тең бир убакта каалагандыгында. Бирок андайда эч ким биринчисине да, экинчисине да ээ боло албайт 2. Башка актриса Джоанн Вудворд аны менен макул болот: Менин карьерам балдарымдын айынан азап тартты, а балдарым болсо карьерамдын айынан азап тартты. Мен экөөнүн ортосунда чуркап жүрүп, эч биринде ийгиликке жеткен жокмун. Бардыгында ийгиликтүү болгон бир дагы адамды билбейм, бирок көп сандаган иштеген энелер бар экенин билем3. Күнөөгө баткан биздин дүйнөдө «идеялга» кол жеткис болгон абалдар болот. Ажырашуулардын жана жалгыз бой энелердин пайызынын өсүп кетиши бизди идеялды дагы да бекем кармаганга мажбурлайт. Бул бизди Кудайдын жеткилең эркин аткарууга үндөшү керек. Биз өз маданиятыбыздын бизди таасирлендиришине каршылык көрсөтүшүбүз керек. Жыйынтыгында ажырашуунун денгээлинин өсүшүнө, жалгыз бой энелердин көбөйүшүнө, ойноштуктун өсүшүнө, өзүнө ишенген бай аялдардын көбөйүшүнө, өспүрүмдөр арасында зордук-зомбулуктун көбөйүшүнө, жүдөгөн, азап тарткан аялдардын көбөйүшүнө дал ушул «иштеген энелер» философиясы күнөөлүү болуп жатпайбы. Дороти Паттерсон бардыгыбызга эскертет: Албетте, балдарды чоңойтуп алганга чейин «өз ишиңди» табуу мүмкүнчүлүгүңдү колдон чыгарасың. Бирок бир тапшырма бар, аны кийинкиге калтырууга такыр болбойт, бул — өз балдарыңды тарбиялоо, анткени биздин заманыбызда аз сандагы балдарда гана жайлуу үйдө чоңойгонго мүмкүнчүлүгү бар 4. ## Муздаткычымда жабыштырылган акылмандык Менин муздаткычымда досторумдун сүрөттөрү жабыштырылып турат. Картинага салынып, магнит менен жабыштырылган бул сүрөттөр дээрлик ар бир сантиметр квадратты жаап турат. Анда токсонго жакын үй-бүлө, жалпысынан алганда үч жүздөй баланын сүрөтү бар (ондогон неберелерди кошпогондо). Бир аз күн мурда жыл сайын өткөрө турган ритуалыма эки саат убакытымды короттум. Ал ритуал — эски сүрөттөрдүн ордуна Ыйсанын туулган күнүндө мага жөнөтүлгөн жаңы сүрөттөрдү жабыштыруу. Качан жаңы сүрөттөрдүн баары өз ордун тапканда, бир аз артка кетенчиктедим да, жалпы картинага көз жүгүрттүм. Бул үй-бүлөлөр бир жыл ичинде эмнелерди башынан өткөргөндүгүн эстедим. Сегиз үй-бүлөгө Кудай дагы бирден бөбөк тартуулады. Жети үй-бүлө неберелүү болду. Жети үй-бүлөнүн уулу же кызы никеге турду. Он беш үй-бүлө көчүп кетишти. Алты үй-бүлө арсар болуп турушту. Бул адамдар сүрөттө жылмайып турушат. Бирок бул жердеги кээ бир идеалдуу портреттердин артында алар өздөрү көрсөткүсү келген нерсеге караганда көбүрөөк нерсе жашынып турган. Алардын бир канчасы мени менен бөлүштү, а кээ бирлеринин жакындары физикалык жана руханий жактан ооруп жүрүшүптүр. Үч үй-бүлө жакындарын жоготту. Бир үй-бүлө ажырашуу чек арасында болчу. Мен үй-бүлөнүн сыры жөнүндө ойлоно кеттим — «ооруганда жана ден соолукта болгондо, кайгыда жана кубанычта»… Үй-бүлө — биз үчүн маанилүү болгон бардык нерсенин борбору. Эгерде үй-бүлөдө бир нерсе жайында болбосо, бул нерсе адамдын жашоосунун ар бир аспектисинен көрүнүп калат. Жумуртка баскан тоокко окшогон, ондогон аялдарга карадым, алар жөжөлөрү менен курчалып турду, жаңы, эми гана төрөлгөн жашоону сактап калууну чечкендерге менде чексиз ыраазылык пайда болду. Сүрөттөрдүн арасына, балким сиздер көп жыл мурда көргөн чыгарсыздар, «Жашоо — кандай сонун тандоо» деген жазууну жабыштырдым. Бул аялдар балдары үчүн жашоону тандап алышкан (кошумчалай кетүүм керек, муну аял гана кыла алат), алар күн сайын жашоону тандап алышат: •Ар бир даярдаган түшкү тамагында; •Ар бир жуула турган кир кийимдерде; •Ар бир жолу балдары менен чогуу азык-түлүк дүкөнүнө, мектепке, тиш доктурга, музыкалык мектепке, спорт секциясына, же болбосо бут кийим дүкөнүнө барганда; •Ар бир жолу сыйрылган тизени тазалап, байлаганда; •Ар бир сүйлөгөн мээримдүү сөзүндө; •Ар бир жолу корккон жана ооруган баласынын төшөгүндө отурганда; •Ар бир жолу өздөрү чечкен талашта; •Ар бир конструктор топтогон, сүрөт боегон, математикадан маселе чечкен, Ыйык Китептен аңгемелерди окуган мүнөттөрдө жана алардын күйөөсү же балдары бир күндүн кандай өткөнүн айтып бергенде; •Ар бир жолу өз үй-бүлөсүнүн руханий өсүшү жана корголуусу жөнүндө арачылык кылып сыйынганда. Ар күн сайын алар өз үйүн куруп жатышат, жашоо берип жатышат, көп муундарга чейин бекем тура турган бекем үй бүлөнүн негизин куруп жатышат. Бул жашоодогу баарынан да маанилүүсү алар өздөрүн Жаратканды сыйлашат. # ЖАЛГАНГА КАРШЫ ЧЫНДЫКТЫ КОЙ ЖАЛГАН 18.Керектүүнүн баарын аткарыш үчүн менин убактым жок. ЧЫНДЫК •Ар бир күнү Кудай менден эмнени каалаганын аткарууга жетишерлик убактым бар. ЖАЛГАН 19.Кудай Сөзүн туруктуу окубасам да, туруктуу сыйынбасам да баарын ойдогудай кыла алам. ЧЫНДЫК • Кудай Сөзүн окубай жана сыйынбай туруп, такыбаа аял болуу мүмкүн эмес. ЖАЛГАН 20.Аял жана эненин ролун аткарууга караганда карьера көбүрөөк канааттанууну алып келет. ЧЫНДЫК •Кудайдын эрки боюнча эне жана аял болуудан өткөн ыйык жана жогору чакыруу жок. •Кудай аялды өзгөчө жараткан — ал гана балага өмүр бере алат жана тамактандыра алат. •Аял үчүн өз үйүнүн жүрөгү болуудан өткөн бакыт жок. •Кудайдын планы боюнча аял баарынан мурда күйөөсүнүн жана балдарынын муктаждыктарын канааттандырышы керек. # ПРАКТИКАЛЫК КОЛДОНУУ 1. Кудай менен МАКУЛ БОЛУҢУЗ. Өз баалуулуктарыңыз жөнүндө кандай жалганга ишенчү элеңиз? 2. Жоопкерчиликти өзүңүзгө АЛЫҢЫЗ. Бул жалганга болгон ишеним сиздин жашоо образыңызга (сиздин мамилеңизге жана иш-аракеттериңизге) кандай таасир тийгизди? 3. Чындыкты ЖАРЫЯЛАҢЫЗ. Жогоруда келтирилген чындыктардын ар бирин үн чыгарып окуңуз. Алардан кайсынысы азыр сиз үчүн актуалдуу? Өз акылыңызды Кудайдын Сөзү менен жаңылаңыз. Төмөнкү үзүндүлөрдү үн чыгарып окуңуз. Бул аяттар сиздин жашооңуздагы Кудайдын баалуулуктары жөнүндө эмне дейт? Заб. 89:10–12 Мт. 6:25–34 Лука. 10:38–42 1 Тим. 5:9–10 Тит. 2:4–5 (күйөөсү бар аялдар үчүн) 1 Кор. 7:29–35 (күйөөсү жок аялдар үчүн) 4. Чындыктын негизинде ИШ ЖАСАҢЫЗ. Сиздин жашооңуз чындыкка туура келиши үчүн кандай кадамдарды жасашыңыз керек? 5. Чындыкта жүрүш үчүн Кудайдан сизге жардам беришин СУРАНЫҢЫЗ. Ата, мен тобо кыламын, анткени көп учурда өз жашоомду убактылуу жана жердик нерселер менен толтуруп жүрөм. Жашоом сага жаккандай болушун каалайм. Сен үчүн маанилүү болгон нерсе мен үчүн да маанилүү болсун. Сенин Ыйык Сөзүң мен үчүн Сенин ойлоруңду ачып берген жарык болсун. Күн сайын Сенин Ыйык Рухуңду сезгенге жана эмне кылуу керек экендигин билишим үчүн мага жардам бер. Аялдын өзгөчө чакыруусун кантип аткарууну көрсөтүп бер. Керексиз иштер менен алек болбогонго акылмандык жана баатырдык бер. Өз жашоомду түбөлүк жарыкта жашашыма жардам бер, өмүрүмдүн акырында Ыйса айткандай: «Мага тапшырган ишиңди аткарып, Мен Сени жер үстүндө даңктадым» (Жкн. 17:4 кара) деп айта алгандай болоюн. Ыйсанын ысмынан. Оомийин. # АЛТЫНЧЫ БӨЛҮМ. НИКЕ ЖӨНҮНДӨ… АЯЛДАР ИШЕНГЕН ЖАЛГАН Кымбаттуу күндөлүк, Азыр үйдүн ичи тып-тынч — Адам экөөбүздүн сүйлөшүүгө көңүлүбүз жок. Кечээ кечинде биз катуу талаша кеткенбиз. Ушундай болмок, анткени күн жаман башталган эле. Адам уйдун тууту менен алектенип, түнү бою уктабай, сарайда болду. Анан дагы, чабылган чөптү кышка даярдоо үчүн, таң агара электе кетти. Үйгө келген кезде, бүт тулку бою суу болуп, маанайы пас эле. А мен болсо, эртеден кечке чейин төрт дубалдын камагында, эки оорукчан бала менен олтурдум, анан ал менден тамак эмне үчүн даяр эместигин сураганда, мен, ушунчалык карды ачса, өзү тамак жасап алуусун сунуштадым. Эмне үчүн мен ушул учурду тандадым билбейм, бирок мен ага үй иштерин мен эле жалгыз кылышым керек эместигин, ал дагы үйдүн ичиндеги милдеттерин, мисалы, бакчадагы жунглиге окшоп кеткен жолду отоо чөптөрдөн тазалашын эскертип айттым. Биринин артынан бири… Кийинки жумада Абылды өзү менен чогуу мергенчиликке алып барууну убада кылган эле. Менин оюмча Абыл мергенчилик үчүн жаштык кылат, анан дагы, эмне үчүн Абылды алып, Кабылды үйгө таштап кетиши керек? Адам моюн бербеди, анан биз уруша кеттик. Бири-бирибизге ашыкча сөздөрдү да айтып таштадык. Мен эрте эле жатып алдым да, ал келгенде мен уктамыш болуп койдум. Ушунча жылдан бери чогуу жашап келатабыз, көйгөйлөрүбүздүн баары чечилип калыш керек эле го. Кызык, бирок, Адам биздин никебиз жалпысынан жакшы эле деп ойлойт окшойт. Бирок мага кээде, экөөбүз бири-бирибизди өмүр бою билсек дагы, биз бейтааныш адамдардай сезилет. Ал өзүн дайыма туура деп эсептейт. Менин абалыма кирип, мени түшүнүүсүн суранганда, ал мага: — «сага эч нерсе жакпайт», — дейт. Менин сезимдериме ал олуттуураак мамиле кылуусун ушунчалык каалайт элем! Миндеген жылдар мурун, Эйден багындагы кол салууда бир гана Кудайга жана адамдарга каршы эмес, никеге да каршы кол салынган. Никени Кудай, Өзүнүн даңкын көрсөтүү жана куткарылуу максатын ишке ашыруу үчүн жараткан. Бул ыйык эрежени бузуп, шайтан Кудайдын түбөлүктүү ой-максаттарына катуу сокку урган. Шайтан жөндөн-жөн эле күйөөсү бар аялга кол салган эмес. Ал ага Кудай жөнүндө, Анын мүнөзү жана Сөзү жөнүндө калп айткан, күнөө жана анын кесепети жөнүндөгү жалган ойду туудурган. Аял бул жалганга ишенип, ушул жалганга жараша иш-аракет кыла баштаган, кийинирээк бул күнөөгө күйөөсүн да түрткөн. Бул нерсе алардын никесине да олуттуу таасирин тийгизген. Эркиндиктин ордуна — алар уятка ээ болушту. Ачык мамиленин ордуна — эки жүздүүлүк жана анткордук. Адам менен Обонун биримдиги, бир гана Кудайга эмес, бири-бирине да каршы кастыкка айланды. Аялын сүйүү менен башкаруунун ордуна, эркек чектен чыгып, бирде зөөкүрдүк менен башкарса, бирде ынтоосуз мамиле кылган. Аялдын, анын руханий «башчысынын» жетегинин астында коргонуусу жоголуп, Кудайга болгон тил албастыгы анын күйөөсүнө да таасирин тийгизди, ошентип ал жаңы жалгандын, күнөөнүн жана душмандын кол салуусунун алдында мурдагыдан да алсыз боло түштү. Эркектин, аялдын жана алардын Кудайынын кубанычтуу жана жемиштүү достугу, дайыма болуп туруучу согушка айланды. Ошондон бери бул окуя ар бир никеде кайталанып келет. Биздин жашообуздун ар кандай тармактарындагыдай эле, никеде да жалганчылык, шайтандын эң жакшы куралдарынын бири, анын жардамы менен ал өзүнүн кыйратуучу максатына жетип жатат. Эгерде ал күйөөлөр менен аялдарды өзүнүн жалганына ишендирсе жана ошол жалгандын негизинде иш-аракет кылууга көндүрсө, анда ал аларды өзүнө баш ийдирип, алардын кубанычын уурдап, алардын мамилесин талкалайт. Шайтанда нике жөнүндө бир эле жалган эмес, анда абдан көп, легиондогон жалгандар бар. Алардын биринчиси: ## Мен бактылуу болушум үчүн мага күйөө гана керек Башка жалгандар сыяктуу эле, бул жалган да — амалкөйлүк менен бурмаланган чындык. Чындыктын өзү мында катылган: нике — бул туура жана жакшы, Кудай никени көп адамдарга каалайт жана машайкчылардын никеси улуу кубаныч менен баталуу болушу күтүлөт. Шайтан болсо нике тууралуу чындыкты бурмалап, нике — бул жеке гана бактылуу болуу, ийгиликке жетүү жана аялды сүйүп, анын бардык каалоосун аткарып турган күйөөсү болбосо ал бактылуу боло албастыгына ишендирип алдайт. Аялдар күйөөгө тийгенде да, ушул калптын түрлөрүнүн бирине ишенип алат: «Менин күйөөм мени бактылуу кылышы керек». Жүрөк ооруткан бир нече жылдардан кийин гана Мирна деген бул аял өзүнүн нике тууралуу көз-карашынын туура эместигин түшүнгөн: Он жыл чогуу жашагандан кийин, биз күйөөм экөөбүз ажырашып кеттик. Ал мени бактылуу кылыш керек экендигине ишенгем. Бирок бул нерсе анын милдеттеринин бири эмес эле, ошентип, ал мени бактылуу кыла алган жок. Бул жалгандын кулчулугунда бир гана мен эмес, менин күйөөм да жашап келген. Никенин максаты — бул бизди бактылуу кылууда эмес, даңкты Кудайга берүүдө. Бакыт табууну максат кылып күйөөгө тийген аялдар өздөрүн өздөрү качып кутулбаган көңүл калууга дуушар кылат, анткени алардын кээ бирлери гана издегенин табышат. Бактылуу болууга күйөө гана керек деген аялдар, Кудай аларга арнап койгон нерсенин эң кичинесине ээ болууга эле макул болушат. Джоан мага айтып бергендей, бул жалганга болгон ишеним аны баш ийдирип, ал күтпөгөн оорулуу натыйжаны жаратты: Мен колледжде окуган кезимде, мен үчүн, Машайакка таандык болбосо мейли, бирок жакшы балага, жигитке жана кийинчирээк күйөөгө ээ болуу маанилүү эле. Кудай Өзүнүн эрки менен, мен күйөөгө тийе турган адамды, ишеними бекем эркекти мага жибергиче күткүм келбеди. Натыйжада, биз күйөөм экөөбүз Машайакта чогуу өсө алган жокпуз. Азыр болсо, жыйырма сегиз жыл чогуу жашагандан кийин, экөөбүздүн окшоштуктарыбыз аз экени билинди. Менин досторум — машайакчылар, анын достору — сыра сүйүүчүлөр, мен үчүн — балдарыбыз маанилүү, ал үчүн — анын жумушу маанилүү. Бул аял алданып калган эле. Ал бактылуу болуш үчүн күйөө гана керек деген жалганга ишенген жана ошол жалгандын негизинде ал Ыйсага ишенбеген күйөөгө тийди. Бул кылганы Кудай сөзүнүн окутуусуна да каршы эле. Ал каалаган нерсесине жеткендей болду. Ал өзү каалагандай күйөөгө тийгени менен, акыр-аягында жан дүйнөсүнө жараат алып, руханий кризиске дуушар болду (Заб. 105:15 кара). Чындыкты таанып билгенде гана эркиндикке ээ болсо болот, буга күйөө барбы же жокпу, роль ойнобойт. Мындан ары жазылган ар бир күбөлүк сөздөр көрсөтүп тургандай, жалганга ишенүү кулчулукка алып келет, ал эми чындык эркиндикке чыгарат: Мен дайыма, бактылуу болуу үчүн жана өзүмдү туура баалоо үчүн мага эркек адам керек деп ойлочумун. Бирок күйөөгө тийгенден кийин дагы мен бактылуу боло алган жокмун, өзүмдү дагы деле төмөн сезе бердим. Менин өзүмө болгон мамилем, мени Кудай Өзүнүн бейнеси боюнча жаратканына ишенгенден кийин гана өзгөрдү, мен Анын мен жөнүндөгү оюн кабыл алдым. Бул нерсе мени боштондукка чыгаргандан кийин, мен өзүмдүн сүйүүгө болгон канааттануумду жана эркектердин макулдугун издөөнү токтоттум. Мен атамдан он төрт жашымда айрылгам, ал эми он алты жашымда мен күйөөгө тийдим. Менин күйөөм, мен үчүн коргоочу жана жашоомдун маңызы болушун каалаганымды азыр түшүнүп жатам. Биздин балдарыбыз чоңоюп кеткенден кийин, күйөөм экөөбүздүн ортобузда олуттуу көйгөйлөр пайда болуп, мен кулчулукта калгандай болдум, мен ансыз жашай албай турганымды сездим. Терезедеги темир тордон чыгуу мүмкүн эмес болгондой эле, бул кулчулуктан чыгуу да мен үчүн мүмкүн эмес эле. Азыр да ошол учурдагы өзүмдүн абалымды эстеген сайын, жүрөгүм тез-тез согуп кетет. Күйөөм, менин аны тумчуктурган кучагыма чыдабай, менден кантип кутулуп, эркин дем алуунун жолун издей баштады. Кудай менин досторум аркылуу мага күйөөмдү «таштап», Аны «кармашым» жөнүндө ачып берди. Бул мени эркиндикке чыгарды. Менин күйөөм бул кыйын мезгилди башынан өткөрдү, бирок мени таштап кеткен жок. Азыр биз дайыма Кудай биздин никебизди сактап калгандыгы үчүн Аны даңктайбыз. Биз үйлөнүү үлпөтүбүздүн отуз алтынчы жылдыгын майрамдап жатабыз. Мен өзүмдү эч баалуу эмес экениме бекем ишенчүмүн, ошондуктан мен күйөөгө тийишим керек деп ойлочумун. Бул жалганга ишенүү, менин башкаларга кызмат кылуудагы кубанычымды уурдап (анткени мен өзүм менен гана алектенип калгам), Кудайга ишенүү жана кызмат кылуудагы канааттануумдан да ажыратты. Кудай, мен үчүн даярдап койгон жакшы иштерди кылуум аркылуу, Ага кызмат кылганымды жана асманда байлык чогултушумду каалаган Чексиз Кожоюн экенидигине көп жылдардан кийин гана түшүндүм. Эми, кырк жашка чыккандан кийин, калган өмүрүмдү Кудайга кызмат кылуу менен өткөрүүгө умтулуп жатам. Мен Ал мени Машайакка окшош аял кылып өзгөртүшүнө макулмун. Бул жашоо ушунчалык кыска болгондуктан, Ал мага бардык нерсеге түбөлүктүүлүктүн көз карашы менен кароого жардам бергендиктен, азыр мен бул дүйнөнүн бардык көңүл калууларын жана кыйынчылыктарын кубаныч менен жеңе алам. Бакыт никеде эмес (никенин сыртында да эмес). Бакыт, адамдардын мамилелешүүсүндө да эмес. Чыныгы кубаныч бир гана Ыйса Машайакта катылган. Кудай бизге, биз муктаж болгон нерсенин баарын берем деп убада кылган, эгерде Ал биздин никебиз аркылуу, Ага көбүрөөк даңкты бере аларыбызга көзү жетсе, анда Ал бизге никени берет. Канааттануу бардык жакшы нерселерге ээ болууда эмес, Кудай бизге берген нерсесин кабыл алууда. Өзүнүн жеке максаттарына жетүүгө умтулгандар өздөрүнө ашыкча баш ооруну гана табышат, Теңирге үмүттөнгөндөр болсо, Андан дайыма эң жакшысын гана алышат. ## Мен күйөөмдү өзгөртүшүм керек Биз, көпчүлүк аялдар, табиятыбыздан эле өзгөрүүгө умтулуп турабыз. Эгерде бизге бир нерсе жакпай жатса, аны өзгөртүү биздин милдет деп эсептейбиз. Эгерде бизге кимдир бирөө жакпай жатса, биз аны да өзгөртүшүбүз керек (аял болобу же эркек болобу). Бул өзгөчө бир үйдө жашап жаткан адамдар жөнүндө сөз болгондо, инстинктке каршы туруу мүмкүн эместей сезилет. Эгерде биз, бизди курчап тургандарды өзгөртүү — биздин милдетибиз деп ойлосок, сөзсүз көңүл калуу жана конфликттерге дуушар болобуз. Никеде бул жалган аялдын өзүнүн милдеттерин жана Кудай алдында жүрүшү керек экендигин унутууга алып келет. Бирок Кудай менен болгон мамилесинде, ал чындап эле бир нерсени өзгөртө алмак. Буга карабастан, аял башка бирөөнүн катачылыктары менен милдеттери жөнүндө тынчсызданып, убара тартат. Аял өзүнүн күйөөсүнүн же балдарынын жүрөгүн өзгөртө албайт, бирок Ыйык Рухка, анын өзүнүн жүрөгүн өзгөртүүсүнө жардам бере алат. Эгерде, аялы күйөөсүсүнүн кемчиликтери менен катачылыктарын дайыма эле оңдой берсе, анда ал, Кудай ага бербеген жоопкерчиликти мойнуна жүктөп алган болот. Жана бул окуя, бир эле күйөөсүнөн көңүл калуу жана таарынычы менен эмес, Кудайга карата да таарыныч, көңүл калуу менен аякташы мүмкүн. Өзүнүн кылганы менен ал Кудайга анын күйөөсүн өзгөртүшүнө тоскоолдук кылып калышы мүмкүн. Эгерде аялдар Кудайга алардын күйөөлөрү жөнүндөгү Анын пландарын ишке ашырууга жол бергенде, анда Ал канчалаган күйөөлөрдү өзгөртө алмак! Көпчүлүк Ыйсага ишенген аялдар, өздөрүнүн колунда, күйөөлөрүнө таасир тийгизе турган, эң күчтүү эки «курал» бар экендигин түшүнүшпөйт. Бул куралдар жемелөө менен үйрөтүүдөн алда канча таасирдүүрөөк. Биринчи курал — бул такыбаа жашоо, мунун жардамы менен Кудай эркекти тез-тез ашкерелеп, алардын ичиндеги руханий ачкачылыкты ойготот (1 Пет.3:1–4 кара). Экинчи курал — бул сыйынуу. Эгерде аялы күйөөсүнө ар качан эле, анын өзгөрүүсү жөнүндө эле эскертип айта берсе, анда ал сөзсүз өзүн-өзү коргоп, каршылык көрсөтө баштайт. Ал эми өзүнүн тынчсыздануусун Теңирге ачык айтып, төгүп берсе, анда ал кийлигишүүсү жана күйөөсүн өзгөртүшү үчүн жогорку күчтү чакырган болот. Эркек үчүн дайыма жемелеп турган аялына каршылык көрсөтүүгө караганда, Кудайга каршылык көрсөтүү алда канча кыйын! Мага Ыйсанын энеси Мариямдын бул мамиледеги үлгүсү жагат. Ага периште келип, ал жакында Машайактын энеси болоорун жарыялады, бул окуянын өзү эле канчалык укмуштуу! Анан ал болгондун баарын Жусупка айтып бергенде, албетте ал ага ишенген жок, анткени ага периште келген эмес. Жусуп акылга сыярлык тыянак чыгарды: Мариям Жусуптун көзүнө чөп салган. Мариям Жусупту Кудайдын Сөзүнө ишенсин деп мажбурлагандыгы жөнүндө Ыйык Жазуунун эч жеринде айтылган эмес. Анын ордуна ал Кудай Өзү Жусупка кайрылуусун күткөн, кийинчерээк ошондой эле болду. Жусупка периште келгенде, ал ага ишенип, туура чечим чыгарды. Мариям чындыкты жүрөгүнө катып, ал жөнүндө ой жүгүртүүнү жакшы билген (Лука 2:19 кара). Ал өзүнө күтүүгө жана тынчтыкта болууга мүмкүндүк берген, анткени ал Кудайдын күчтүү экендигине жана анын үй-бүлөсү жөнүндөгү Кудайдын планы ишке ашаарына ишенген. Мен он жети жылдан бери көрүшө элек болгон бир аял биздин досторубуздун үйлөнүү-үлпөт тоюнда, мага жакын келип мындай деди: «Сен биздин никебизди сактап калдың!». Мен андан окуяны мага эскертип коюусун сурандым. Анан ал он жети жыл мурун мага келип, күйөөсүнүн руханий абалы жөнүндөгү тынчсыздануусу менен бөлүшкөнүн айтты: «Күйөөмдү өзгөртүү менин ишим эмес, Кудайдын иши. Мен аны менен сүйлөшүшүм керек экендигин, андан кийин жөн гана четке жылып, калган ишти Кудайга тапшырышым керек экендигин айткан элең». Ал кайрадан улантты: «Мен сен айткандай кылдым. Мен өзүмдүн тааныштарым менен да, ушу жылдар бою, сен айткан нерсе менен бөлүштүм». Анан ал Кудай анын күйөөсүн качан өзгөртүп баштаарын күтүүнүн өзү канчалык кыйындыкка турганы жөнүндө айтып берди. Ушул узакка созулган он алты жыл бою, Кудай анын сыйынуусун угаарына же жооп берерине эч кандай далилдер болбосо да, ал сыйынуусун жана күткөнүн токтоткон эмес. Күйөөсү өзүн машайакчы деп эсептегени менен, аялы анын чындап Кудайга ишенип калганынан шектенчү, анткени андагы эч руханий суусагандыкты же руханий жемиштерди көргөн эмес эле. Андан кийин «күтүүсүздөн», көп жылдардан кийин, Ыйык Рух күйөөсүнүн жүрөгүнө жарык жандырып, аны толугу менен өзгөрттү. Ал комадан чыккандай болду. Эч кандай себепсиз эле, ал Кудайдын Сөзүнө суусап, Ыйык Жазуудан көзүн ала албай, күндөлүк ачып, Кудайдан Ыйык Жазуу аркылуу алган ачылыштарын анын ичине жаза баштады. Аял дагы мындай деди: «Мурда аны эртең мененки тамакка да тургузуу кыйын эле. Азыр болсо ал күн сайын эртең мененки алты жарымда баштала турган эркектердин сыйынуу чогулушуна барат!». Жакындан бери ал өзүнүн бизнесин сатып, кызматка көбүрөөк убакыт бөлүш керек экендигин айта баштады. Бул эркек менен болгон өзгөрүүлөрдү эч кандай акылга сыярлык жол менен түшүндүрүүгө мүмкүн эмес — бул нерсени бир гана Кудай жана күйөөсү үчүн чындап сыйынганды үйрөнгөн, ишенимдүү аял гана кыла алат. ## Менин күйөөм мага кызмат кылышы керек Мына жыйырма жылдан бери, машайакчылардын дүйнөсүндө, машайакчы эркектерди Кудайга жаккан эркектер катары, аялдарын жана балдарын сүйүп, аларга болгон сүйүүсүн, курмандык кызмат кылуу аркылуу көрсөтүү керек экендиги жөнүндө күчтүү кыймыл иштеп келет. Кудай эркектерди өзгөртүп жатканын, алардын жүрөктөрүн Өзүнө жана үй-бүлөсүнө буруп жатканын байкоо мени абдан кубандырат. Бирок биз Кудай бизге аял катары берген милдеттерибизди унутпашыбыз керек. Азыркы машайакчылык заманбап дүйнөдө күйөөлөрүнө үйүңө барып аялыңарга кызмат кылгыла деген чакырык «туура» деп эсептелинип калган. Бирок, эмнегедир, аялдардын күйөөлөрүнө кызмат кылуу милдеттерин эскертүү «туура эмес» деп эсептелет. Бирок, Кудай эркекти аялга «жардамчы» болсун деп жараткан эмес да. Тескерисинче, аялды эркекке «жардамчы» болсун деп жараткан. Албетте, бул нерсе, күйөөлөрү аялдары менен балдарына кызмат кылбашы керек дегенди билдирбейт. Эгерде күйөөлөрү аялдарын Машайак Жыйынды сүйгөндөй сүйүшү керек болсо, анда алар да Машайак Өзүнүн Колуктусуна кызмат кылгандай, аялдары үчүн өмүрүн бергенге даяр болгудай кызмат кылышы керек. Бирок, биз, аялдар, өзүбүздүн эмнеге «татыктуу» экендигибиз жөнүндө, өзүбүздүн укуктарыбыз жөнүндө, эркектердин биз үчүн кыла турган «милдеттери» жөнүндө ойлоно баштасак, сөзсүз таарыныч менен акталбаган үмүттүн жарааттарын чогултабыз. Биз алганда эмес, бергенде гана жана үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн муктаждыктарын толтуруп, аларды баталаганда гана, бата менен кубаныч бизди коштойт. Аялдардын үйдөгү кызматынын баалуулугун түшүрүү үчүн, заманбап феминисттик кыймылдар биздин ой жүгүртүүбүзгө өзүнүн кыйла таасирин тийгизди. Мэри Кассиан өзүнүн «The Feminist Gospel» (Феминисттер Жакшы Кабары) китебинде Энн Оукли деген социологдун 1974-жылдагы үйдөгү кызматы темасына арналган изилдөөсүнө таянып, мындай деген: Оукли… статистика боюнча, аялдардын эмгегинин оор шарттары жөнүндө айткысы келген. Бул эмгек — аялдарды адамдардан изоляцияланган, эч кандай эмгек акы төлөнбөгөн, жеңилдетүүсүз, эс алуусуз, пенсиясыз, майрамсыз жана ошол эмгектин шартын эч жеңилдетүүсүз, эң оор эмгек. Үйдөгү үй жумушун кылган аялдын үй ичиндеги ишин жана балдары үчүн кам көрүүсүн эксплуатация жана кулга айландыруу деп Оукли далилдегиси келген. Оуклинин ою боюнча, эгерде аялдар эркектер аларды канчалык эзип жаткандыгын түшүнүшпөсө, феминисттик кыймыл өз максатына жете албайт1. Менин энем да ошондой «эзүүгө дуушар болгон» аялдардын бири болгон. Энелерге жана кыздарына арналган китептин бир бөлүмүн жазып берүүсүн менден суранганда, мен өзүмдүн энемдин жашоосу жөнүндө баяндап, мындай деп жазгам: Менин энем, тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон, укмуштуу таланттуу аял болсо да, көп үмүт күткөн ырчылык карьерасынан кубаныч менен баш тартып, күйөөсүнө «ылайыктуу жардамчы» болууга макул болгон. …Алтымышынчы жылдары, аялдарды көз карандысыз болууга, өзүнүн карьерасы менен алектенүүгө, көпчүлүк аларды таануусу үчүн аракет кылууга ынандырган кезде, менин апам таптакыр башка ролду ойногон — ал күйөөсүнүн чакырылган милдетине ылайыкташууну тандап алган. Ал күйөөсүнүн жашоосу, анын өзүнүн керектөөлөрү жана кызыкчылыктары үчүн өзгөрүүсүн күткөн эмес, анын ордуна ал өзүнүн жашоосун күйөөсүнүн кызыкчылыктарына карап өзгөрткөн. <…> Бирок, менин атам апамдан «жардамчы» болуусун талап кылбагандыгын түшүнүү керек. Апам эч качан өзүнүн нааразычылыгын айтып наалыган эмес. Апам ушул эркекти сүйүп, анын жанында аны кубаттап, колдоп жашагандан чындап эле ырахат алган. Атам Кудайдын эркин аткарууда натыйжалуу болуусу үчүн, апам биздин чоң чарбалуу үйүбүздөгү бардык жумуштарды кубаныч менен кылчу. Азыркы аялдардын көпчүлүгү мындай жашоону эзүү катары көрүшмөк. Бирок, менин апам эч качан «басынтылган жана кемсинтилген» аялдардай көрүнгөн эмес. Тескерисинче, атам ал жардамчыны Кудайдан алган белек катары бийик баалап жана аны эркелетчү, Кудай ага берип жаткан таланттары менен жөндөмдүүлүктөрүнүн көбөйүп жатканын көрүп, кубанчу2. Чындыктын өзү Ыйсага жана бизди курчап турган адамдарга кызмат кылуу аркылуу Ыйсага окшоп калуубузда катылган. Кызматчы болуу чакырыгынан жогору болгон чакыруу жок. Накыл сөздөр китебинин 31-бөлүмүндө жазылган аялдын мени таң калтырган жери, бул анын таптакыр өзүмчүл эместигинде. Ал өзүн көрсөтүүгө эч умтулбайт, өзүнүн карьерасы, банктагы жеке эсеп, ыраазычылыкты жана атак-даңкты кабыл алуу жөнүндө кызыкпайт. Тескерисинче, ал өзүнүн кызыкчылыктары менен муктаждыктары жөнүндө ойлонбогон сыяктуу, анын ордуна күйөөсүнүн, балдарынын жана анын жанында жашаган адамдардын муктаждыктарын толтуруу үчүн кам көрөт. Башында бул үзүндүнү окуган кезде, үй иштерин аткарган аялдар — бактысыз жана эзүүгө кабылган аял деген Энн Оуклинин ою менен макул болосуң. Бирок бул аялды дагы бир жолу карап көрөлүчү: •Ал жакшы кийинген (Нак.сөз 31:22 кара) •Анын үйүндө өздөрүнө да, башкаларга да жетиштүү тамак-аш бар (Нак. сөз. 31:15,20 кара). •Ал эмоция жактан туруктуу жана келечек жөнүндөгү коркунучтан эркин (Нак. сөз. 31:21,25 кара). •Күйөөсү аны абдан сүйөт. Күйөөсү аны «миллиондун бири» деп эсептегендиктен, ага ишенимдүү. Ал ага бул жөнүндө дайыма айтат жана аны менен досторунун алдында да мактанат (Нак. сөз. 31:11, 28–29,31 кара). •Балдары аны мактап, сыйлайт (Нак. сөз. 31:28 кара). Азыр, эмнегедир ал эзүүгө дуушар болгон аялга окшош эмес! Өзүнүн кылган эмгенине ушундай сыйлык алган, кандай аял бактылуу болбой болмок? Ал бул нерсеге кантип жеткен? — ал күйөөсүнүн жеңин түрүп алып, үй иштерин кылуусун талап кылган эмес (күйөөлөрү аялдарына үй иштери менен жардам берүүсү жаман деген жерим жок). Ал кызмат кылуу жолун тандап алган жана анын (Кудай менен мамилесинен кийинки) артыкчылыгы — жакындарынын муктаждыктарын толтуруу. Вики аттуу аял күйөөсү ага кызмат кылышы керек деген жалгандан кантип Кудай аны бошоткондугу жөнүндө айтып берди: Бир нече жылдар мурун мен олуттуу жалгандан бошондум. Мен дайыма күйөөм мага кызмат кылышы керек, үй иштеринде жана балдар менен жардам бериши керек деп күткөм. Эгерде ал мага жардам бербесе же жардам берген күндө да мага жакканчалык болбосо мен таарынчумун. Мен анын артынан жыйнаганды жана ал үчүн иштегенди жаман көрчүмүн. Кудай Обону Адамга жардамчы кылып жараткандыгын мен жакшы билчүмүн, бирок бир күнү Ыйык Рух мага мен күйөөм үчүн жардамчылык «ролумду» аткарбай жатканымдыгымды ачык көрсөтүп, мени ашкереледи. Азыр болсо, мен анын артынан чачылган байпактары менен гезиттерин жыйнап жатып, өзүмө — «күйөөмө кызмат кылып жатам» деп эскертип турам. Ал мага үй иштери менен жардам бергенине абдан кубанам (көрсө, ал абдан көп иш кылат экен). Мен болсо, менин максатыма жетүүгө ал мага жардам берүүсүн күткөндүн ордуна, ал өзүнүн максатына жетүүсүнө көмөк көрсөтүүгө аракет кылам (аны күнүмдүк үй иштеринен бошотом, балдардын ага тоскоол болуусуна жол бербейм, ж. б.). Бул кылганым биздин никебизди сактап калды. ## Эгерде мен күйөөмө баш ийсем, анда мен бактысыз болом Бир нече жыл мурун ири протестанттык деноминациялардын бири машайакчылардын дүйнөсүндө чоң дүрбөлөң салган, алар никедеги баш ийүүчүлүк жөнүндө жаңы көз караштарды жарыялашкан: Машайакка Жыйын кубаныч менен баш ийген сыяктуу, аялы да, аны сүйгөн күйөөсүнө өз эрки менен баш ийиши керек3. Баш ийүүгө байланыштуу кыйынчылыктар бир эле биздин замандагы аялдарга тийиштүү эмес. Так ушул көйгөйгө Обо эне да Эйден багында туш болгон. Жылан жалпысынан мындай деген: «Кудайдын сенин жашооңо кийлигишүүгө кандай акысы бар?» Башкача айтканда ал ага: «Сен өзүндүн жашооңду өзүң башкарып, эч кимге баш ийбешиң керек», — деген. Ал Обону Кудайдын көрсөтмөлөрүнө баш ийүү менен, ал бактысыз болуп, көп нерселерден ажыраарына ишендирип койгон. Ошол күндөн тартып, шайтан аялдарга баш ийүү — бул терс маанидеги сөз катары, мындай түшүнүк тайкы жашоого алып келээрине жана эркинен ажыратаарына чеберчилик менен ишендирип келет. Ал эң сонун, ыйык жана күчтүү чындыкты — көрксүз, коркунучтуу жана жагымсыз нерсе катары көрсөтүп койгон. Эгерде биз Ыйык Жазуудагы баш ийүү жөнүндөгү чындыкты — Кудайдын Сөзүндөгү эркиндикке чыгаруучу чындыктардын бирин — түшүнүп калсак, анда биз аны кубаныч менен кабыл алаарыбызды шайтан жакшы билет. Жана ал биздин бул жолду тандашыбызга жол бергиси келбейт, анткени ал биздин жана жакындарыбыздын жашоосунун үстүнөн бийлигин жоготкусу келбейт. Адамдын бузулган табиятынын негизи (ошондой эле, феминисттик идеология да) — бул бийликти кабыл албоо. Биз жөн гана бизге эмне кылуу керек экендигин үйрөтүүнүн өзүн каалабайбыз. Эми эле буту баскан бөбөктөр аларга тез сына турган нерселерди кармоого тыюу салганды жаман көрүшөт. Өспүрүмдөр аларга кечинде канчада келүү керек экендигин айтканды жаман көрүшөт. Биз, чоңдор, айылдын ичиндеги жолдо саатына 60 километрден ашуун айдабаш керек дегенди же коопсуздук курун тагын дегенди жек көрөбүз. Көп аялдар күйөөлөрүнө баш ийишпейт, алардын арасында жыйынга келген аялдардын да саны көбөйүүдө. Менимче, бул бир жагынан Ыйык Жазууну жакшы билбегендик, баш ийүүчүлүктүн өзүн жана анын баалуулугун жакшы түшүнбөгөндүк менен байланыштуу. Ошентип шайтандын жалганы кайрадан ар кандай формада берилет. ## Баш ийүү жөнүндөгү жалган 1.«Аялы күйөөсүнөн төмөн». Ыйык Жазуу эркек да, аял да Кудайдын бейнеси боюнча жаратылгандыгы, Кудай алдында бирдей баалуу экендиги жана Анын куткаруучу ырайымына тобо кылуу жана ишеним аркылуу ээ болуусу жөнүндө үйрөтөт (Башт. 1:27, Гал. 3:28, 1 Пет. 3:7 кара). Аялдын милдети — күйөөсүнө баш ийүү жана муну кылуу менен ал өзүнүн инсандыгын жоготпойт. 2.«Башчы катары күйөөсү аялына катаал жана зөөкүр мамиле кылууга укуктуу». Күйөөлөргө аялдарын өздөрүн сүйгөндөй, Ыйса Теңир Өүнүн Жыйынын сүйүп, Ал үчүн өмүрүн бергендей сүйүү (Эф. 5: 25–29 кара) осуят кылынган. 3.«Аялы күйөөсүнө өзүнүн оюн жана көз карашын айтпашы керек». Кудай аялды күйөөсүнө «ылайыктуу жардамчы» кылып жараткан. Бул күйөөсү анын жардамына муктаж дегенди билдирет. Тигил же бул абал тууралуу, ал аялынын оюн билиши керек. Аялы момундук жана сүйүү менен жүрөгүндөгүсүн күйөөсүнө айтып бергенден кийин дагы, күйөөсү анын оюн эсепке албай, өзү билгендей чечим кабыл алса да, ал күйөөсүнүн кылган тандоосун Кудайга ишенип тапшырышы керек. 4.«Күйөө дайыма туура». Элчи Петир «сөзгө баш ийбеген күйөөлөрү» бар аялдарга кайрылган. Күйөөсү Ыйсага ишенбеши мүмкүн же жашоосунун кээ бир жактарында Кудайга тил албашы мүмкүн. Петирдин биринчи катында айтылгандай (3:1), мындай күйөөгө таасир этүүнүн эң маанилүү ыкмасы — бул көз жаш менен жалынууда, бекем логикада же дайыма эскертип турууда эмес, бул — баш ийүүдө: Ошондой эле, силер, аялдар күйөөңөргө баш ийгиле. Кимиңердин күйөөңөр Кудайдын сөзүнө баш ийбесе, ал силердин таза, Кудайдан корккон жашооңорду көрүп, cилердин сөзүңөр аркылуу эмес, жүрүш-турушуңар аркылуу Кудайга баш ийгидей болсун. (1 Пет.3:1–2) ## Эркиндик берген баш ийүү жөнүндөгү чындык Кудай бийликти эмне үчүн жараткандыгын түшүнгөндөн кийин, мен баш ийүүгө болгон көз карашымды өзгөрттүм. Кудай бийликти руханий коргоо жана кам көрүү үчүн колдонууга жараткан. Эки жаштагы балаңызга жолдон өз алдынча өтүүгө тыюу салганыңыз, ага карата катаал мамиле кылып жатканыңызды билдирбейт. Анткени сиз, көчөлөрдө «жаман» унаалар жүрөөрүн билгендиктен, тыюу салганыңыз балаңыздын кызыкчылыгы үчүн гана. Сиз бул бийлигиңизди балаңызды коргоо үчүн колдоносуз (балаңыз ошол коргоого муктаж экендигин билбесе да). Биз Кудайдан берилген бийликтин руханий коргонуусунун астында болгонубузда Кудай Өзү бизди сактап жүрөт. А эгерде биз айтканыбыздан кайтпай, ошол калканычтын коргоосунан чыгып кетсек, анда биз душмандын алдында эч коргоосуз калабыз. Көптөгөн машайакчы аялдар күйөөсүнүн бийлигине баш ийүүнү кабыл албагандыктан, шайтандын алардын акылына, эркине жана эмоциясына кол салуусуна түрткү берет деп ишенем. Биз кандайдыр бир себептер менен, маанилүү ишпи же майда ишпи, моюн сунуудан баш тартсак, анда биз душман үчүн оңой олжо болуп калабыз. Мен моюн сунуп, баш ийүү аялдарга азап чегүүдөн жана зордук зомбулуктан автоматтык түрдө коргоону камсыз кылат деген жерим жок. Жана ошондой эле, зордук-зомбулук бул дайыма эле аялдын мыйзамдуу бийликке баш ийбегендигинин себебинен эмес. Ыйык Жазуу боюнча такыбаа жана тил алчаак адамдар да азап тартышат жана кээде зомбулуктан дагы. Эмне үчүн Кудай азап чегүүгө жол берет жана адилеттүүлүк үчүн азап тартканда эмне кылыш керек экендиги жөнүндө Петир биринчи катында түшүндүрөт. Кээде, баш ийген тил алчаак аялдар да өзүн жана балдарын күйөөсүнүн таасир берүүсүнөн коргошу керек болгон учурлар бар, анткени аны менен жашоо өмүргө коркунуч туудурушу мүмкүн. Бирок, ушундай абалда да аял күйөөсүн урматташы керек жана урматтай алат. Анын максаты — күйөөсүн басынтуу же ага каршы туруу эмес, бирок ал өзгөрүп, Кудайга баш ийүүсүн каалоо. Эгерде аял өзүнүн мамилеси менен болгон абалды ырбатса, сөздөрү менен же кылган иши менен Кудайга тоскоолдук кылса, андай аял Кудайдын коргоосу менен кийлигишүүсүнө талабын кое албайт. Эгерде сиз же сиздин тааныштарыңыздын бири ушундай оор абалда болсо, Кудайдан сизге акылдуу кеңеш бере алган адамды көрсөтүп берүүсү үчүн сыйыныңыз. Бул сиздин жыйыныңыздын жетекчилеринин бири болсо, жакшы болот. (Конкреттүү абалда жардам берүүчү атайын факторлор жана каражаттар да бар. Китептин аягындагы «Мындан ары окуп үйрөнүү» бөлүмүндө кыйын абалга дуушар болгон аялдарга керектүү кошумча булактар жөнүндө жазылган.) Эң олуттуу суроо болуп — бул «мен Кудайга өзүмдү ишенип тапшырууга жана Анын бийлигине баш ийүүгө даярмынбы?», — деген экендигин мен түшүндүм. Эгерде мен Ага тил алууга даяр болсом, анда Ал менин үстүмө койгон адамдын бийлигине да баш ийүү кыйынга турбайт. Накыл сөздөрдө (21:1) жазылгандай: «Падышанын жүрөгү Теңирдин колунда: Ал аны агын суудай, каалаган жагына бурат». Кудай койгон бийликке баш ийүүнү каалоо биздин ишенимибизди жана Кудай биз үчүн канчалык улуу экендигин көрсөтүп турат. Ар кандай адамдык бийликтин үстүндө Жогорку бийлик турат. Жана эч бир адам биздин жашообуздун үстүнөн бийлик жүргүзө албайт. Биздин Акылман, Сүйүүчү жана Чектелбес бийликтүү Асмандагы Атабыздын калканычына жана коргоосуна баш ийүү гана алып кирет, анткени «падышанын жүрөгү» Анын колунда. Суроо туулат: ар кандай адамдык бийликтин үстүндө Кудай тураарына мен ишенемби? Бийликте турган адамдын жүрөгүн өзгөрткөнгө Анын күчү жетерине мен ишенемби? Эгерде биз өз ордубузду билип, үстүбүздөгү бийликке баш ийсек, анда Ал бизди сактоого күчү жетээрине биз ишенебизби? Ал биз үчүн эмне жакшы экендигин биле турганына биз ишенебизби? Жана Анын жеткилең жана түбөлүктүү эрки ишке ашуусу үчүн, биз Ага бардыгын ишенип тапшыра алабызбы? Петирдин биринчи катында жазылгандай (3:1–2), аялы күйөөсүнө баш ийүү аркылуу, ал Кудайга анын күйөөсүнүн жүрөгүндө иштеп, аны тил алчаактыкка алып келүүсүнө жол берет. Чындык мына ушунда. Петир мындан ары айткандай: момун жүрөк аялга эң сонун жана көпкө жеткен сулуулукту тартуулайт: Жасалгаңар сырткы кооздуктар болуп эсептелген өрүлгөн чач, алтын жасалга, жакшы кийим эмес, Кудай алдында кымбат баалуу эсептелген, жүрөктө сакталган, туруктуу, момун жана жоош рух болсун. Качандыр бир убакта Кудайдан үмүттөнгөн ыйык аялдар да өздөрүн күйөөлөрүнө баш ийүү менен жасалгалашкан. Ошолордун бири Саара Ыбрайымды кожоюнум деп, ага баш ийген. Эгерде силер жакшы иш кылып жатсаңар жана эч бир коркунучтан коркпосоңор, Сааранын кыздарысыңар. (1 Петир 3:3–6) Эгерде аялы күйөөсүснүн руханий абалына карабастан, ага баш ийсе, анда ал чындап коркунучтан бошонот. Анткени ал бардыгын, болгон абалдын үстүндө да, күйөөсүнүн үстүндө да башкарып турган Кудайга тапшырды. Сьюзен Хант өзүнүн «True Women» («Чыныгы Аял») китебинде биш ийүүнүн маңызын эң сонун кылып ачып берген: Мен баш ийүүнүн зарылчылыгын логикалык жактан түшүндүрүп бере албайм. Эмне үчүн Ыйса асмандагы даңкты бизге белек кылып берүү үчүн, Өзү ошол даңктан жана сулуулуктан баш тарткандыгын түшүндүрүүгө логика күчсүз. Баш ийүүнү логиканын рамкаларына киргизүү мүмкүн эмес, баш ийүүнүн мааңызы — бул сүйүүдө камтылат. Ыйса бизди ушунчалык сүйгөндүктөн, Өз эрки менен айкаш жыгачка кадалган. Анын осуяты мында: аялдар күйөөлөрүнө баш ийишсин. Бул белекти биз өз эркибиз менен, сүйүктүү Куткаруучубузга тил алчаактык менен сүйөбүз деп убада бергендей, күйөөбүзгө беришибиз керек. <…> Кудай Өзү эркек адамга жардамчы керек деп айткан. Чыныгы аял кубаныч менен милдетин кабыл алып, күйөөсүнө каршы туруунун ордуна аны колдойт, аны манипуляция кылууга аракет кылгандын ордуна аны түшүнүүгө аракет кылат, ага каршылаш болгондун ордуна ага шерик болот. Ал көргөзмө үчүн эмес, чын жүрөктөн баш ийет. Чыныгы аял баш ийүүдөн коркпойт. Ал өзүнүн укуктарын коргоого, абалдын үстүнөн башкарууга аракет кылбайт. Машайактын анын Кудайы болом жана аны эч качан таштабайм деген убадасынан, анын коркунучу жоголот. Баш ийүү — Кудай Теңирдин чексиз күчүнөн шек санабагандын көрүнүшү. Баш ийүү — күнөөсүнүн куну төлөнгөн экендигинин далили 4. ## Эгерде менин күйөөм ынтаасыз болсо, анда мен демилгени өз колума алышым керек, болбосо биз бир ордубуздан жылбай тура беребиз. Аялдардан кандай жалганга ишенгендиги жөнүндө сурамжылаганда, жалгандын бул түрү тизмеде үчүнчү орунда алды. Ынтаасыз эркектер гана аялдарды башка нерседен көбүрөөк капа кылышат. Дагы да бул жаңылык деле эмес. Бул нерсе Эйден багында да болуп өткөн: Аял дарактын жемишинин жегенге жакшы экенин, көзгө сүйкүм экенин көрдү. Ал билим бергендиктен, аялды өзүнө тартып турду. Аял анын жемишинен алып жеди. Анан күйөөсүнө да берди, ал да жеди. [6] (Башт. 3:6) Бул үзүндүнү мен элестеткенде, коркунучтуу сүрөт көз алдыма тартыла түшөт. Күйөөсү аялы экөө бакты аралап сейилдеп жүрүшөт. Жылан аларга жакындап келди да, Кудай, күйөөсүн аялдын үстүнө койгондугун жана экөө бирдей Кудайдын бийлигинин астында экендигин билип туруп, күйөөсүн карабай, аялы менен сүйлөшө баштады (Байкаңыз, шайтан Кудайдын тартибин бузуп, түз эле аялга кайрылып жатат). Шайтан маегин суроо берүүдөн баштады: «Кудай чын эле: «Бейиштеги эч бир дарактын жемишинен жебегиле» — деп айтты беле?» (Башт. 3:1). Аялы эмнени кылбай жаткандыгына көңүл бургула! Ал жанында турган күйөөсүн эстеген жок. Ал жыланга: «Күйөөм менен таанышып ал» деген жок. Ал күйөөсүнө бурулуп: «Сүйүктүүм, бул жөнүндө сен эмне дейсиң?» же «Адам, Кудай сага эмне дегендигин, мүмкүн ага айтып берерсиң», — деген жок. Күйөөсү анын жанында болбогондой, ал жылан менен сүйлөшкөнүн улантты. Андан соң, тандоого келгенде, ал бардыгын өз колуна алды. Ал күйөөсү менен кеңешпестен, анын бул тууралуу оюн сурабастан, жөн гана: «…анын жемишинен алып жеди» (Башт. 3:6). Ошол эле учурда Адам эмне кылып жатты эле? Көптөгөн аялдардын сөзү боюнча, алардын күйөөлөрү дайыма кылган ишти ал да кылып жатты: Эч нерсе. Ал аялынын маегине кийлигишип сүйлөшкөн жок — жөн гана аялы ага берген жемишти алды да, жеди. Капысынан эле, эң биринчи ролдор алмашып кетти. Кудай эркекти биринчи жаратып, анын кол алдындагылардын бардыгын жетектеп алып жүрүү жана аларды азыктандырып, кам көрүү милдетин анын мойнуна жүктөгөн. Аял болсо эркектин өзүнөн чыккандыктан, бир гана күйөөсүнүн демилгесин колдоо үчүн жаратылган. Керек болсо, аял менен эркектин физиологиялык жактан окшошпогондугунун өзү да бул түпкү фундаменталдык айырманы чагылдырып турат. Бирок, бул окуяда кимди ким азыктандырып, кимди ким башкарып жатат? Эркек эмес, аял. А ким кабыл алып жатат? Аял эмес, эркек. Бул жерде бир нерсеси туура эмес. Ошол күндөн тарта, биринчи үй-бүлөнүн уулдарынын жана кыздарынын жашоосунда да ушуга окшогон тартип бузуулар болуп келет. Жана бул роль алмашуу күнөө киргенден кийин эркек менен аялдын мамилесинде көнүмүш адатка айланды. Ошол, Эйден багындагы каргашалуу күндөн тартып, аялдар эркектерди башкарып, аларды башкарууну жана көз карандысыз болууну каалашат. Биз бардыгын өз колубузга ала койгонго, демилгебизди көрсөтүүгө көнгөнбүз, бирок ошол эле учурда биз жөн гана кабыл алууну жана жооп берүүнү каалайбыз, эркек өзү кылышын каалайбыз, анткени Кудай бизди ошондой жараткан. Адам менен Обонун окуясындай эле, биз да кандайдыр бир көйгөйдө, өзүбүз каалабасак да, бири-бирибизди күнөөлөйбүз. Биз күнөөнүн баарын ынтаасыз эркектерге шылтап, эгерде алар активдүүрөк болгонунда, же жок дегенде бир нерсе кылганында, биз аларды көзөмөлдөбөйт элек деп ишендиребиз. Көп жылдар бою аялдар күйөөлөрүнүн ынтаасыздыгы гана аларды өз алдынча иш жүргүзүүгө аргасыз кылат деп ишендирип келишкен: •«Менин күйөөм иштебейт. Эгерде мен жумуш таап иштебегенде, биз ачкадан өлүп калмакпыз!» •«Эгерде мен күйөөмө финансылык көйгөйлөрдү чечүүнү тапшырсам, анда ал биздин үй-бүлөнү бат эле жакырчылыкка алып келет!» •«Ал балдарыбызды тарбиялоодо катышканды каалабайт. Эгерде мен аларды жазалабасам, аларды туура жүрүм-турумга үйрөтпөсөм, анда алар бат эле колдон чыгып калмак!» Мен өзүм да абдан активдүү адаммын жана кээ бир эркектердин чындап эле ынтаасыздыгы менен эч нерсе кылгысы келбегендиги эмне экендигин жакшы билем. Көптөгөн жылдар бою мен ар кандай жыйындарда болуп көргөм. Ошол жыйындарда машайакчы эркектер да катышчу. Качан алар жетишээрлик чечкиндүү болбой жатышканда, мен демилгени колго алып, акыл үйрөтүп, кийлигишип кетпөө үчүн, мен тилимди бекем тиштечүмүн. Бирок, эркек менен аялдын мамилесин байкаганда жана өзүмдүн кандайдыр-бир кырдаалга карата кылган кылык-жоругумдун натыйжасын баалап караганда мындайча ой туулду: биз, аялдар, өзүбүз эркектердин активдүү болушуна тоскоолдук кылат окшобойбузбу, биз өзүбүз аларды демилгесинен ажыратып жатпайбызбы, анткени биз Теңир Өзү келип, аларды козгоого чейин күткөндү каалабастан, өзүбүз аракет кыла баштап жатпайбызбы? Эркектердин туруп бизди ээрчитүү каалоосун оңой эле жок кылып койсо болот. Дагы да алар бир нерсени кылайын деген кезде биз, аялдар, алар күткөн, колдоо жана жылуу сөздөрдүн ордуна, аларды оңдоп-түзөп же өзүбүз жакшыраак кылмакпыз дейбиз. Мага бир эркек кишинин айтканы эсимде, көп жыл мурун үйлөнүү тоюнан кийин аялын аны менен чогуу сыйынуусун суранат. Качан экөө сыйынып бүткөндө, аялы анын сыйынуусун сынга ала баштаган. Анан албетте, күйөөсүнүн: «Бул биздин акыркы чогуу сыйынуубуз деп чечтим», — дегени таң калаарлык эмес. Ал өзүнүн эркектик башатын төгүндөөсүнө чыдаган жок. Көп жылдардан кийин гана Кудай анын жүрөгүн ырайымы менен жаңылады, эми ал кайрадан аялы менен чогуу сыйынууга чечим чыгарды. Чындыктын өзү мындай, көпчүлүк учурда, аялдар демилгени колуна ала баштаган кезде, эркектер жанында жөн гана туруп, байкоо жүргүзүүгө макул болушат. Элизабет Райс Хендфорд айткандай: …көптөгөн эркектер жаңжалды жек көрүшөт. Алар дүрбөлөңдү жана тартипсиздикти көтөрө алышпайт. Ошондуктан, алар үйдөгү тынчтыкты сактоо үчүн бардыгы менен макул болушат. Жана алар талашып, чатакташпоо үчүн, аялы өз билгендей кылуусуна жол беришет. Бирок, бул тынчтыктын куну — алардын эркектик кайраттуулугу. Күйөөм үй-бүлөнүн башчысы болуу милдетин аткарбайт деп наалуунун алдында өзүңүздүн жүрөгүңүздү жакшылап изилдеп көрүңүз. Күйөөңүздүн ой-пикирине ишенесиэби? Анын чечимдерине баш ийүүгө даярсызбы? Эгерде даяр эмес болсоңуз, анда ал демилгени көрсөтпөгөндүгү үчүн наалыбаңыз. Тынчтык жана бейпилдик үчүн ал өзүнүн авторитетин курмандыкка чалат 6. Бир убакта эки отургучта отуруу мүмкүн эмес. Бардык көзөмөлдү өз колунда кармап, ошол эле учурда күйөөсү активдүү болуп, демилгени колуна алып «руханий лидер» болуп кетүүсүн күтүү — бул акылга сыйгыс нерсе. Кээде мен күйөөсүнүн ынтаасыздыгы менен капаланган аялдардан сураймын: «Эгерде сиз ишти өз алдынча кылып, кийлигишпегенде кандай болот эле?» Сиздин оюңузча, эгерде ал жумуш таппаса, сиз табышыңыз керекпи? Качан ал ачка болгондо, өзү эле иштеп баштайт! Сиздин оюңузча, акчаны сиз кармашыңыз керек, анткени ал акчаны кантип иштетишти билбейт? Мүмкүн, ал акчанын баарын жок кылат. Бирок, мүмкүн Кудай анын көңүлүн бул көйгөйгө буруш үчүн жана аны өзгөртүш үчүн ушул нерсени колдонушу керек болот. Сиз анын катачылык кылаарына жол беришиңиз керек болот жана ошол эле учурда сиздин коопсуз жашооңуз күйөөңүздүн эмес, сизди эч качан таштап кетпей турган Улуу Кудайдын колунда экендигин унутпашыңыз керек. Ыйык Жазуудагы Сара күйөөсүн сыйлаган жана ага баш ийген аялдын үлгүсү. Бирок, бир жолу ага Кудай убадасы менен кечигип жаткандай сезилет, анан ал да бул тузакка түшүп, өз алдынча чыгуу жолун тапканга аракет кылган. Он жыл мурун Кудай анын күйөөсү Ыбрайымга тукумуң көбөйүп жана алар улуу эл болот деп убада берген. Азыр ал жетимиш алтыга кирди, бирок дагы эле баласыз. Күткөндөн тажап, ал өзү аракет кыла башташы керектигин чечти да, күйөөсүн жок дегенде бир нерсе кылуусун талап кыла баштады: Ыбрамдын аялы Сара төрөгөн жок. Анын Ажар деген мисирлик күңү бар болчу. Сара Ыбрамга мындай деди: «Теңир мени төрөбөс кылып койду. Менин күңүмдүн үстүнө кир, балким, мен андан балалуу болормун». Ыбрам Саранын тилин алды. (Башт. 16:1–2) Сара төрөбөс аялдар өздөрүнүн бир же эки күңү аркылуу балалуу болгонго мүмкүн болгон байыркы салтты карманууну чечти. Башында Саранын планы ийгиликтүүдөй көрүндү — Ажардын боюна бүттү. Бирок бир аз убактыттан кийин абал өзгөрүп, төрөбөс аял менен анын кош бойлуу күңүнүн мамилеси чыдагыс боло баштады, анан Сара кайрадан Ыбрайымга кайрылып, мындай деди: «Менин таарынычыма сен күнөөлүүсүң…» (Башт. 16:5). Он үч жылдан кийин, Сара токсон жашка киргенде, Кудай Ыбрайым менен анын аялына Өзүнүн баласын берүү үчүн, кайрадан аларга келди. Ыскак улгайган ата-энесине жана келечектеги муундардын баарына улуу батаны алып келиши керек эле. Бирок Ысмайыл, Ыбрайым менен Ажардын уулу болсо, дайыма ата-энесинин чыр-чатактарынын себепкери болуп жүрдү. Сара өткөндү карап, канчалык өкүнүп жүрдү экен: «Эмнеге мен Теңирди аягына чейин күтпөдүм экен? Эмне үчүн бул ишти өз колума алдым экен?». Биз көйгөйлөрдү өз алдынча чечсек болот, ал тургай тез натыйжага да ээ болушубуз мүмкүн. Бирок, акыр аягында биз бардыгынан кол жууп, бизди бул каргашалуу ишти кылууга түрткөндөрдү айыптап, жек көрөбүз. Бизди курчап турган эркектерди башкаруу каалоосунан биз кантип бошоно алабыз? Биз Теңирге үмүттөнгөндү жана күткөндү үйрөнүшүбүз керек, анткени Ал Өз убагында, Өзүнүн планы менен Өзүнө ишенгендерди коргойт жана болушат. Теңирден үмүттөн, кайраттуу бол, жүрөгүң бекем болсун, Теңирден үмүттөн. (Заб. 26:14) ## Кээде бактысыз никеде жашагыча, ажырашкан жакшыраак Биздикиндей үмүтсүз абалда «туура» чыгуу жолун табуу мүмкүн эмес деген жалганга бизди ишендирүү үчүн душман бардык аракетин жасайт. Бул жалгандын кесепети «бузулган никелердин маданиятын» жаратты. Ооба, нике — бул кыйын иш, а жакшы нике, андан алда канча кыйын. Бардык жуптар, кандайдыр бир мааниде бири-бирине дал келишпейт, анткени эркек менен аял бири-биринен таптакыр айырмаланып турат. Кайсы үй-бүлө болбосун, бул — табиятынан өзүмчүл болгон эки адамдын баш кошуусу. Бир үйдө жашаган адамдар бири-бирине кээде суук, кээде оор мамиле кылып, кээде бирин-бири түшүнбөстүк болот жана дайыма эле бир-биринин муктаждыктарын канааттандыра алышпайт. Үйлөнгөндөн кийин «узакка чейин бактылуу жашоо» бир гана жомоктордо мүмкүн. Башталыш китебинин 3-бөлүмүндө болуп өткөн окуядан бери, жер бетинде бир дагы жеткилең үй-бүлө болгон эмес. Бири-бирин сүйгөндөр үйлөнүү тоюнда «ооба» деген антты айтаар замат, жылан түрү суук башын көтөрүп, бул никени буза баштайт. Анткени ал билет — ар бир ажырашуу бул Кудайдын Өзүнө жана Анын жердеги куткаруу образына кол салуу. Үйлөнүү тою аягына чыга электе эле душман жаңыдан үйлөнгөндөрдүн жүрөктөрүнө жалгандын үрөөнүн себүүгө мүмкүнчүлүктөрдү издей баштайт. Адатта, жалган эч качан ачык-айкын же оңой эле таап, аны кабыл албай коюуга мүмкүн болуп башталбайт. Ал жарым чындыктын жарым жалган менен аралашуусунан башталат. Ал билинбей пайда болот, чындыктай болуп сезилген ойлордон жана чындай болуп сезилген сезимдерден башталат. Ошентип, жаш күйөө силердин таанышкан күндүн датасын унутат. Же болбосо ал: •телефон чалууну унутуп, жолугушууга бир саат кечигип келет; •жыйындагы балдар үчүн ыктыярчылар кызматына, сиз менен алдын ала сүйлөшпөстөн эле экөөңөрдү жаздырып коет; •Ыйсанын туулган күнүндө сиз өзүңүздүн ата-энеңиздикине барам деп үмүттөнүп жүргөн кезде, ал өзүнүн ата-энесине бараарыңарга убада берип коет; •же кандайдыр-бир сөзү менен сизди «кемсинтет». Аны кечирип жана доо талаптарыңдан баш тартуунун ордуна таарынычты кармап жүрүү — ал күндөн күнгө өсө бере турган жалгандын алдында коргоосуз калуу дегенди билдирет. •Ал дайыма өзү жөнүндө гана ойлойт. •Ал мени таарынтып койгондугу жөнүндө кабатырланбайт. •Аны менен жашоо мүмкүн эмес. •Ал эч качан өзгөрбөйт. •_________________(жумуштагы же жыйындагы кандайдыр бир эркек) камкор жана мээримдүү, ал өзүнүн аялына мындай мамиле кылбайт. •Биздин никебизди сактоого эч мүмкүн эмес. •Мен __________(башка эркекке) тийгенимде, бактылуу бомокмун. •Эгерде менин күйөөм мени сүйүп, мени сыйлабаса, анда мен андан кетип калууга укугум бар. •Кээде эки адам чогуу жашаганга мүмкүн го, бирок, биз бири-бирибиз үчүн жаратылган эместигибиз ачык-айкын көрүнүп турат. •Мен бактысыз никеде жашагыча, ажырашканым дурус. •Менде башка арга жок. Мен аны менен мындан ары жашай албайм. Ушул сценарий боюнча аялы күнөөнүн баарын толугу менен (же көпчүлүгүн) күйөөсүнө жүктөп коет. Ал күйөөсүнүн муктаждыктарына же өзүнүн туура эместигине сокур болуп, же болбосо, басымды өзүнүн күнөөсүнө караганда, аныкына көбүрөөк коет. Өзүнүн айыбын — телескоп аркылуу караса, анын айыбын — микроскоп аркылуу карайт. Ал өзүн күнөөкөр катары эсептебейт, ошондой эле, күйөөсү да Кудайдын ырайымына муктаж экендигин ойлобойт. Анан дагы, анын болгон көңүлү жеке өзүнүн жашоосуна бурулган — ал өзүнүн гана бактысы жана таарынычтары жөнүндө ойлонот. Ал күйөөсү менен жарашуу жана Кудай алардын жашоосун ыйыктап берүүсү жөнүндө эмес, өзүнүн жеке көйгөйлөрүнө жана муктаждыктарын канааттандырууга гана кызыгат. Ал күйөөсү үчүн Кудайдын ырайымынын булагы боло алаары жөнүндө билбейт же мындай бааны төлөгүсү келбейт. Эң маанилүүсү — ал Кудайды өзүнүн жашоосунан чийип салат. Никени Кудай атайын бир максат менен жаратканын ал түшүнбөйт. Ал ошондой эле, Кудай анын күйөөсүнүн көйгөйлөрүн жана кемчиликтерин Өзүнүн максатында колдоноорун да түшүнбөйт. Анын өзүн да, күйөөсүн да өзгөртө алган жана алардын никесин эң баалуу, эң сонун кыла алган Кудайдын керемет күчүнө ишенүүгө аракет да кылбайт. Ажырашууга умтулуу менен, ал нике кыйылган кездеги убадалары менен, же ошол убадаларды бузуу жөнүндө Кудайдын олуттуу көз карашына караганда, өзүнүн жеке бактысын жана жакшы жашоосун жогору коет. Мына ушуга окшогон жаңылыштык Анетти да төмөнкүдөй жыйынтыкка келүүгө түрттү: Мен бактылуу болууга укуктуумун. Азыр менин жашоомдун жарымы гана өттү, эми калган жарымын мен бактылуу болуп, мени сүйгөн, мени колуна көтөрүп жүрө турган адам менен жашоого татыктуумун — ал менин күйөөм эмес экени айкын. Көп жылдар бою чогулуп келген ооруну Кудайдын ыкмалары менен айыктыруу керек, болбосо, адам өзү ишенбеген нерсени жактап, өзүнө жакпаган чечимди кабыл ала баштайт. Андан кийин адамдын жүрөгү катуулап, үмүтүн жоготот, — бул болсо, ал душмандын колуна түшүп, анын торуна чырмалып калгандыгын билдирет. Бул капастан чыгуунун жана эркиндикке ээ болуунун бир гана жолу бар — акылдын жана эмоциялардын үстүнөн башкарып турган жалгандан баш тартып, анын ордуна Кудайдын Сөзүндөгү ачык жазылган чындыкты коюу керек. Мына булар: •Кудай айыктыра албай турган бир да нике жок. Кудай өзгөртө албай турган бир да адам жок. •Никенин негизги максаты бактылуу болууда эмес, анын максаты — Кудайды даңктоо жана Анын куткаруучу сүйүүсүн чагылдыруу. •Кудай «учтуу бурчтарды» күйөөңүздү өзгөртүү үчүн жана аны Машайакка окшош кылуу үчүн колдонот. Күйөөңүздүн алсыз жактары Кудайдын колунда куралга айланат жана ошол куралды сизди адил аял кылуу үчүн Кудай колдонот. •Чыныгы сүйүү — Кудайдын сүйүүсү — шартсыз жана эч качан бүтпөйт. Биз өзүбүз да, Кудайдын жардамысыз чындап сүйө албайбыз. Бирок, эгерде биз Кудайга мүмкүндүк берсек, анда Ал биздин жүрөгүбүз менен кандай адам болсо да сүйө алат. Сүйүү — бул сезим эмес, сүйүү — бул башка бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн аракет кылуу. Кудайдын ырайымы менен биз ал адамга эч кандай жылуу сезимди сезбесек да, аны сүйүүгө үйрөнө алабыз. •Нике — бул келишим. Биздин Кудай — келишимдин Кудайы. Ысрайыл элинин Ага карата руханий ойноштук кылганына да, ал өзүнүн «ойношторунун артынан ээрчип» кеткенине да карабастан, Кудай ага берген убадасынын бардыгын аткарган (Жер. 11:10; Жез. 20:16; Ош. 2:13 кара). Ыйса Теңир да Өзүнүн Колуктусу — Жыйынга берген убадасын, биз Ага ишенимсиз болсок да аткарат. Ал Өзү берген убадаларын бек сактагандыктан, биз да нике келишимин бузбашыбыз керек, анткени ал Кудай менен Анын элинин ортосундагы куткаруучулук мамилени чагылдыруу үчүн жаратылган. •Кудай бизге дайыма кечирүүбүздү буйрук кылган. •Сиздин күйөөңүзгө болгон ишенимдүүлүгүңүз жана аны эч нерсеге карабастан сүйгөнгө аракет кылууңуз, анын руханий айыгуусуна көмөктөшөт. Так ошондой эле Машайактын азап тарткандыгы бизди айыктырган (1 Пет.2:24–25; 1 Кор.7:12–14 кара). •Бир күйөөдөн экинчи күйөөгө тийсеңиз дагы сиздин көйгөйлөрүңүз чечилбейт. (Статистика боюнча, биринчи никеден кийинки ажырашууларга караганда, экинчи никеден кийин ажырашуулар көбүрөөк болот.) •Күйөөңүзгө ишенимдүү болуу үчүн, аны сүйүү үчүн жана аны ченемсиз кечирүү үчүн сизге Кудайдын ырайымы жетиштүү берилет. •Кудай сизди эч качан таштап койбойт, сиздин жашоо шартыңызга карабастан, Ал сиздин жаныңызда болуп, сизди жарыкка алып чыгат. •Мүмкүн, бул жашоодо өзүңүздүн ишенимдүүлүгүңүз үчүн эч бир сыйлыкка ээ болбостурсуз, ал сыйлык сизди асманда күтүп турат. Бирок сиздин ишенимдүүлүгүңүз акыры сыйланат, бул күтүүгө татыйт. Көп жыл мурун, мен чыгып сүйлөгөн конференциядан кийин, бир аял мага кыскача кат берди. Ал каттын биринчи саптары төмөкүдөй сөздөр менен башталган экен: Кечирим — бул Кудай биз үчүн даярдап койгон нерсени алуунун жалгыз гана ыкмасы! Кийинки жазылган сүйлөмдөр өз-өзүнчө бөлүнүп, ар бири жаңы катардан баштап жазылган экен. Каттын жардамы менен мен бул аялдын, кулчулуктан — эркиндикке, жалгандан — чындыкка карай жолду издегендиги жана ал өзүнүн жолун тапкандыгы жөнүндө жүрөктү элжиреткен окуясы менен тааныштым. Көп жыл мурун, күйөөм менин көңүлүмдү абдан калтырган. Мен ажырашуу үчүн документтерди жөнөттүм. Кийинчерээк мен аялы өлүп калган досумдан кыскача кат алдым. Ал катта эки эле сөз жазылган экен «Өзүңдү жоошут». Эч кубанычсыз, эч каалоосуз — мен ошондой кылдым, өзүмдү жоошуттум. Мен канчалык өзүмдү басып, күйөөмдү сүйгөнгө аракет кылган сайын, ал ошончолук Кудай жараткан эң сонун күйөөнүн образына жакындай баштады. Көп өтпөй, мен анын аялы болгонума сыймыктана баштадым. Мага бул абдан жакты! Бир жолу, Ыйсанын туулган күнүнүн алдыңкы түнүндө, биз бири-бирибизди кучактап, анан таң калуу менен бири-бирибизди карадык. Кудай биздин никебизди толугу менен калыбына келтирип, биздин эң укмуш кыялыбызда да ойлоп көрбөгөндөй, аны эң сонун кылып койду. 26 — декабрь күнү биз чогуу сыйынып, анан кучакташтык. Мен аны акыркы жолу өптүм. Бир сааттан кийин көз жумду. Кудай мага эң сонун жөндөмдүүлүк берген — эч нерсе жөнүндө өкүнбөө. Күйөөмсүз жашоо канчалык кыйын болсо да, жашоого мүмкүн, анткени мен аны менен жашаган жашоом үчүн эч качан өкүнбөйм. Мен ар бир күйөөсү бар аялга айтаар элем: эң кымбат убакытты кетирбегиле, Кудай силерге берип жаткан эң жакшы нерсени жөн гана кабыл алгыла. Өзүңөрдү жоошуткула. Күйөөңөргө Кудайдын күйөөсү болууга убакыт менен орун бергиле. Бул үчүн убакыт жана курмандык керек, бирок бата болсо силер күтпөгөндөй ушунчалык сонун болот! Душман үй-бүлөлүк мамилени ушунчалык коркунучтуу жана жагымсыз кылып койгон. Анын жалганы чындап эле өз максатына жетти, анын далили сан жеткис бузулган үй-бүлөлөр жана талкалнган тагдырлар. Бир гана чындык сиздин никеңизди куткарып, калыбына келтирип жана жаңырта алат. # ЖАЛГАНГА КАРШЫ ЧЫНДЫКТЫ КОЙ ЖАЛГАН 21.Мен бактылуу болушум үчүн мага күйөө гана керек. ЧЫНДЫК • Бакыт никеде эмес (жана никеден тышкары да эмес). • Менин терең муктаждыктарымды канаатандыраар бир да адам жок. • Кудайдан бөлөк эч ким жана эч нерсе мени чындап бактылуу кыла албайт. • Мага керек нерселердин баарын Кудай кам көрөм деп убада кылган. Эгерде, менин никем Кудайды даңктай турган болсо, анда Ал мага күйөөнү да берет. • Кудайдан үмүттөнгөндөрдүн баары Андан эң жакшысын гана алат. Ал эми, өзүнүн айтканынан кайтпагандарды көңүл калуу гана күтөт. ЖАЛГАН 22.Мен күйөөмдү өзгөртүшүм керек ЧЫНДЫК • Такыбаа жашоо жана сыйынуу — күйөөңүзгө таасир берүүнүн эң негизги ыкмасы. • Өзүң күйөөңдү өзгөрткөнгө аракет кылгандын ордуна, Теңирден аны өзгөртүп берүүсүн сурануу таасирдүүрөөк. ЖАЛГАН 23.Менин күйөөм мага кызмат кылышы керек. ЧЫНДЫК • Эгерде мен мага кызмат кылууну күтсөм, анда менде көңүл калуулар болот. • Эгерде, мен башкаларга кызмат кылсам жана ордуна эч нерсе күтпөсөм, анда менде эч качан көңүл калуу болбойт. • Кудай аялды күйөөсүнө жардамчы кылып жараткан, тескерисинче эмес. • Башкаларга кызмат кыганыбызда, биз Машайакка окшошобуз. ЖАЛГАН 24.Эгерде, мен күйөөмө баш ийсем, анда мен бактысыз болом. ЧЫНДЫК • Баш ийүү мага «падышанын жүрөгүн» кармап турган Кудайдын коргоосун камсыздайт. Эгерде мен күйөөмдүн бийлигинин астынан чыгып кетсем, мен душмандын алдында эч коргоосу жок калам. • Кудайдан берилген бийликке баш ийүүнү каалаганым — Кудайды урматтаганымдын эң жакшы күбөлөндүрүүсү. • Сыйлап баш ийүү — бул Кудай менен болбогон күйөөгө таасир берүүнүн эң улуу ыкмасы. • Аялдын күйөөсүнүн бийлигине баш ийүүсү, Жыйындын Ыйса Теңирдин бийлигине баш ийүүсүн символдоштурат. ЖАЛГАН 25.Эгерде менин күйөөм ынтаасыз болсо, анда мен демилгени өз колума алышым керек, болбосо биз бир ордубуздан жылбай тура беребиз. ЧЫНДЫК • Кудай демилгени эркек адамдан чыгуусун каалайт, аял болсо жөн гана ага жооп бериши керек. • Эгерде аял баарын өз колуна алып, Кудай анын күйөөсү аркылуу иштерин күтпөсө, анда күйөөсү эч качан демилгелүү адам боло албайт. ЖАЛГАН 26.Кээде бактысыз никеде жашагыча, ажырашкан жакшыраак. ЧЫНДЫК • Нике — бул өмүр бою сактала турган келишим, бул Кудайдын Өзүнүн келишимине ишенимдүүлүгүнүн символу. • Ал Өзүнүн адамдар менен түзгөн келишимин канчалык ишенимдүү сактаса, биз да никебиздин келишимин ишенимдүү сакташыбыз керек. • Кудай айыктыра албас бир да нике жок. Кудай өзгөртө албас бир да адам жок. • Күйөөңүздү өзгөртүп жана аны Машайакка окшош кылуу үчүн, Кудай «учтуу бурчтарды» колдонот. • Сиз күйөөңүзгө ишенимдүүлүгүңүздү сактап, аны сүйүп жана ченемсиз кечирүүңүз үчүн Кудайдын ырайымы жетиштүү. # ПРАКТИКАЛЫК КОЛДОНУУ 1. Кудай менен МАКУЛ БОЛУҢУЗ. Сиз нике тууралуу кайсы жалганга ишендиңиз эле? 2. Жоопкерчиликти өзүңүзгө АЛЫҢЫЗ. Бул жалганга болгон ишеним сиздин жашоо образыңызга (сиздин мамилеңизге жана иш-аракеттериңизге) кандай таасир тийгизди? 3. Чындыкты ЖАРЫЯЛАҢЫЗ. Жогоруда келтирилген чындыктардын ар бирин үн чыгарып окуңуз. Алардан кайсынысы бүгүн сиз үчүн өзгөчө маанилүү? Өз акылыңызды Кудайдын Сөзү менен жаңылаңыз. Төмөнкү үзүндүлөрдү үн чыгарып окуңуз. Бул аяттар Кудайдын никеге болгон көз карашы жана аялдын ролу жөнүндө эмне деп жатат? Марк 10:6–9 Нак. сөз. 31:10–12 Эф. 5:22–24; 32–33 1 Пет. 3:1–6 4. Чындыктын негизинде ИШ ЖАСАҢЫЗ. Сиздин жашооңуз чындыкка туура келиши үчүн кандай кадамдарды жасашыңыз керек? 5. Чындыкта жүрүш үчүн Кудайдан сизге жардам беришин СУРАНЫҢЫЗ. Атаке, жер бетинде никени жаратып бергениң үчүн Сага ыраазымын. Нике аркылуу биз Сенин сүйүүңдүн жердеги образын алып жатканыбыз үчүн, Сенин улуу куткаруу планыңды түшүнүүнү берип жатканың үчүн жана Ыйса Теңирдин Өзүнүн Жыйыны менен болгон мамилесин көрүп алганыбыз үчүн Сага рахмат. Мен нике эмне экендигин туура түшүнүп жатамынбы же жокпу, мага көрсөтүп беришиңди суранам. Дүйнөдөгү эң сонун үй-бүлө да Сен ойлогон бийиктиктерге жете албайт, анткени биз баарыбыз текебер жана өзүмчүл адамдарбыз. Ыйса Теңир Өзүнүн Колуктусун сүйүп, Аны жетелегендей, Сенин ырйымың да эркектерди аялдарын сүйүүгө жана аларды жетектөөгө үйрөтө алганы үчүн ыраазымын. Жыйын да өзүнүн Болочок Күйөөсүнө баш ийгендей, ошол ырайым аялдарга да күйөөлөрүн сыйлоого жана аларга баш ийүүгө күч бергенине ыраазымын. (Күйөөсү бар аялдар): Сен Өзүңдүн келишимиңди ишенимдүү сактагандай, мен да өмүрүмдүн аягына чейин күйөөмө ишенимдүү болгум келет. Сен осуяттагандай күйөөмдү сүйгөнгө, анын алсыздыктарын кечирүүгө, аны үй-бүлөнүн башчысы катары кадырлап сыйлоого жана баш ийүүгө мага жардам берчи, бизди көргөн башкалар да Машайакты сүйүп, Ага баш ийүүнү каалагандай болушсун. Күйөөм жашоосунун бардык тармактарында Сага баш ийе алышы үчүн, мага таза, момун жана унчукпаган рухту кийүүгө жардам бер. (Күйөөсүз аялдар): Мага, башка үй-бүлөлөрдү колдоону, коргоону жана сактоону үйрөтүп берчи. Башка бирөөнүн никесинин ыйык келишимин бузуп албашым үчүн мени тазалыкта сакта. Менин Асмандагы Болочок Күйөөм болгон Ыйса үчүн Сага рахмат. Мен толугу менен Сага берилгендей болоюн. Сени менен биримдикти издөөнү жана менде болгон нерсеге ыраазы болгонду үйрөт. Ыйсанын ысмынан, Омийин! # ЖЕТИНЧИ БӨЛҮМ. БАЛДАР ЖӨНҮНДӨ… АЯЛДАР ИШЕНГЕН ЖАЛГАН Кымбаттуу күндөлүк, Жакында Адам үчүнчү баланы төрөө тууралуу ойлорун айта баштады. Муну мен анча деле колдобойм. Мен өзүмдүн уулдарымды дүйнөдөгү бардык нерседен артык көрөм. Бирок эне болуу кандай татаал! Акыркы убакта алардын мамилелери өтө эле татаалдашып кетти. Кабыл дайыма кичүү инисине эрегишип турат да, дайыма жеңилип калат. Ал бардыгына бир нерсени далилдегиси келгендей сезилет. Анын жүрүш-турушу адам чыдагыс болуп бара жатат. Ал түнт болуп кетти, капалуу болуп, кээде депрессияга кабылат. Аны сөзгө тартыш абдан кыйын! Мен ага кайрат бергенге аракет кылам, бирок, менин сөздөрүм эч нерсени өзгөртпөгөндөй сезилет. Мурда ал Кудайга абдан жакын эле, бирок азыркы убакта, Ага ишенериме күмөн санайм дейт. Атасы ал үчүн абдан капа болот. Алардын ортосунда бир нерсе туура эмес болуп жаткандай. Кээде мага Адам ага өтө эле катаалдык менен мамиле кылгандай сезилет. Мен Адамга, биз өзүбүз дагы ушундай эле оорчулуктарды башыбыздан өткөргөндүгүбүз тууралуу эсине салам. Мен өзүмдүн балдарымды «оңдоого» таптакыр алым жетпестигин сезип турам. Мен бул абал Абылга кандай таасир калтыра тургандыгы тууралуу тынчсызданам. Мен, бизде дагы бир баланын болушуна кантип өзүбүзгө мүмкүндүк бере аларыбызды элестете албайм! Эненин жүрөгү — чеги жок кубанычты жана эң катаал көңүл калуу менен ооруну өзүнө каткан кенч казына. Бала чоң спортто көрүнүктүү жетишкендиктердин ээсиби, же араң эле басканга жарайбы, ири компаниянын ардактуу директорубу, же ашынган кылмышкерби, эне эч качан өзү бешигин терметкен баласы үчүн үмүттөнгөнүн, кыялданганын койбойт. Так ушул эң назик адамдык мамиле — өз денесине жана канына болгон сүйүү — аялдардын жашоосундагы эң аялуу жери. Бардык жердегидей эле, шайтан бул чөйрөдө дагы, аялдарды балдар жана энелер тууралуу жалганга ишендирүү максатында, жалган ишенимдердин арсеналын колдонот. Жалганга ишендирүү менен, шайтан энелерди гана кылтакка түшүрбөстөн, мындай жалганды кийинки муундарга өткөрүп бергенге аракет кылат: алардын чындыкты билбешин, эркиндик берүүчү күчтү сезбешин каалайт. Бул бөлүмдө сиздин көңүлүңүздү машайакчылардын дүйнөсүндө кеңири таралган кээ бир чүмбөттөлгөн жалган ишенимдерге жана «жарым чындыктарга» бургубуз келет. Бул ишенимдер машайакчылардын үй-бүлөлөрүндө көптөгөн олуттуу көйгөйлөрдү пайда кылууда. Эгерде бул жалганды жарыкка алып чыгып, андан баш тартып, өзүбүз чындыкка бекемделбесек, ал улам кийинки муун аркылуу өсүп кете бериши мүмкүн ## Биз канча балалуу болорубузду өзүбүз гана чечебиз Бүгүн эртең менен менин башка штатта жашаган курбум телефон чалып, төртүнчү балалуу болорун айтты. Ал күйөөсү экөө тең бул жаңылыкка абдан кубанып жатышат, бирок алардын жигерин бардыгы эле колдой бербестигин түшүнүштү. «Билесиңби, — дейт ал, — эң эле кескин сөздөрдү мен башка жерден эмес, өзүбүздүн жыйыныбыздан уктум!» Курбум, мындай терс сын көз караштар аны: «Балким, мен кандайдыр нормалдуу эмес адаммынбы?» — деген күмөн саноого түртүп жаткандыгын мойнуна алды. Кудай — өмүрдүн Жаратуучусу жана Түзүүчүсү. Кудайдын келишпес душманы болуп туруп, шайтандын өмүрдү жек көрөрү таң калыштуу эмес. Ал дайыма өмүрдү жок кылгысы келет. Ал, Кудай убада кылгандай, өлүмгө дуушар болушарын билип туруп, Адам менен Обого тыюу салынган жемишти жегенге макул кылган. Адам менен Обо эки уулдуу болгондо, алардын улуусун кичүүсүн өлтүрүү жөнүндө ойго ынандырган. Шайтан — ууру, бул жөнүндө Ыйса айткан; ал ууру, «ууру уурдоо, өлтүрүү жана жок кылуу үчүн гана келет» (Жкн. 10:10; курсив меники — Н.Д.). Анын ниети жана каалоолору Кудайдыкына толугу менен карама-каршы, анткени, ошол эле аятта Ыйса айтат: «Мен адамдардын өмүргө, ашып-ташыган өмүргө ээ болушу үчүн келдим» (курсив меники — Н.Д.). Ошондуктан шайтан балдардын төрөлүшүнө эч качан кубанбайт. Ар бир төрөлгөн бала келечекте Кудайдын ырайымын кабыл алып жана Кудай Падышачылыгынын инсаны болуу менен, шайтандын пландарын чаташтырып салуусу мүмкүн. Ошондуктан, аялдардын балалуу болушуна тоскоолдук кылыш үчүн баарын колдонот, — мисалы, ал аларга Кудай тарабынан берилген өмүрдү көтөрүп, төрөп жана сактоо чакырыгын аткарууну каалабаганга кеңеш берет. Аборттор, бала өлтүрүү жана гомосексуализм — булар, өмүрдү талкалоонун кээ бир гана мисалдары, биздин маданиятта кабыл алынып, атүгүл көндүм болуп келе жатат. Ыйык Сөзгө ишенген машайакчылар мындай шайтандык иштерди дароо четке кагышат. Бирок инжилчилер дүйнөсү, алар менен чогуу көпчүлүккө таанымал «өмүр сакчылары», бул суроонун башка өңүттөрү тууралуу сөз болгондо, өз пикирин мындай чечкиндүү коргой алышпайт, бойго бүтүүдөн сактанууга дээрлик оң көз карашта. Феминисттик идеологиянын фундаменталдык эрежелеринин бири болуп, дайыма: аял бала төрөйбү, же төрөбөйбү, эгерде, төрөй турган болсо, качан жана канчаны төрөй тургандыгын өзү чечүүгө болгон укугу болуп келген. Суламифь Файрстоун, 60–70 — жылдардагы популярдуу жазуучу — феминистка, муну мындайча формулировкалаган: «Аялдын эзилүүсүнүн жана эркин эместигинин тамыры — анын балдарды төрөөгө жана багууга болгон милдети»1. Машайакчылар дүйнөсү аргасыз мындай концепция менен макул болду, андыктан, контрацепция, стерилизация жана «үй-бүлөнү пландаштыруу» көнүмүш иш болуп калды. Мунун жыйынтыгында, миллиондогон машайакчы аялдар жана машайакчы түгөйлөр, өздөрү баамдап түшүнбөй туруп, шайтандын балдардын төрөлүүсүн азайтууга болгон умтулуусунун, ошону менен өмүргө зыян келтирүүсүнүн жардамчылары болуп калышты. Мэри Прайд бул жөнүндө өзүнүн «The Way Home» («Үйгө карай жол») деп аталган таасирдүү китебинде мындай деп жазат: Үй-бүлөнү пландаштыруу — аборттордун энеси. Аборттор модага киргенге чейин, адамдардын бүтүндөй бир муунун — өз ыңгайлуулугуңарды канааттандыруу максатында, төрөлө турган балдардын санын жана алардын төрөлүү убактысын пландаштыруу зарыл, — деп ынандырууга туура келген. Азыркы замандагы машайакчылар, абортторго каршы үнүбүздү бийик чыгарабыз, бул ырас. Бирок биздин бул маселе менен күрөшүүгө муктаж болгонубуздун бир гана себеби — отуз жыл мурдагы башка күрөштө биздин жеңилип калганыбыз. Үй-бүлөлөр балдарын өз каалоолоруна жараша «пландаштырып», өз колдору менен жасап алган нерсе катары эсептей баштагандан кийин, адамдар адам өмүрүн таптакыр баалабай калышты. …Аборт — эң алгач сиздин жүрөгүңүздүн позициясы. «Мен маанилүүрөөкмүн». «Менин карьерам маанилүүрөөк». «Менин репутациям маанилүүрөөк». «Менин комфортум маанилүүрөөк». «Менин финансылык пландарым маанилүүрөөк» ж. б. Биздин жыйындар отуз жылдан бери үгүттөп келе жаткан үй-бүлөнү пландаштыруунун негизинде дал ушундай көз караштар жатат2! Көпчүлүк адамдар, алардын арасында Кудайга ишенген адамдар дагы, өздөрүнүн үй-бүлөлөрүнүн өлчөмүн аныктап жатып, мунун артында коркунуч, эгоизм жана төмөнкүдөй адамдык логика жаткандыгын баамдап түшүнбөйт: •«Дагы бир балалуу болууга кантип өзүбүзгө мүмкүндүк бере алабыз? Өзүбүз эптеп-септеп жеткирип жашап жатабыз. Алардын окуусун төлөгөнгө келгенде кантебиз?» •«Менин ден соолугум мындан көп бала төрөгөндү көтөрө албайт. Мен эки гана балага чыдайм, мен эми алсызданып калдым». •«Эгерде бизде дагы балдар төрөлсө, күйөөм экөөбүздүн бири-бирибиз үчүн таптакыр убактыбыз калбай калат». •«Менин досторум (же ата-энем) бизди нормалдуу эмес адамдар деп ойлоп калышат, ансыз да алар бизди «балдары көп» деп ойлошот». •«Эгерде биз Теңирге, бизге канча бала керектигин аныктоого мүмкүнчүлүк берсек, биздин жыйырма балабыз болмок!» Дүйнө айтат: «Балдар — бул оорчулук». Кудай Сөзү айтат: «Балдар — үй-бүлө үчүн эң улуу баталардын бири». Ал эми биз асманды карап, сыйынабыз: «Кудай, бизге мындай баталарды бербей эле койчу!» Дүйнө айтат: «Никенин маңызы — сени бактылуу кылууда. Ал эми бул түшүнүккө балдар кирбей эле койсо болот». Кудай Сөзү, тескерисинче, никенин эң маанилүү максаттарынын бири — Кудайдан коркуп, Аны кадырлай турган балдарды төрөө жана өстүрүү, — деп үйрөтөт (Мал. 2:15 кара). Балдарды төрөө — Кудайдан берилген, аял гана аткара ала турган роль экендигин, Тиметейге жазылган биринчи катта Пабыл бизге эскертет. Пабыл жаш жесирлерге «күйөөгө тийип, бала төрөп, үй иштерин кылуусун жана душмандын жамандоосуна себепкер болбостугун…» (1 Тим. 5:14 кара) айтат. Экинчи бөлүмдүн акыркы аятында ал, аял «эгерде ишенимди жана сүйүүнү, ыйыктыкты жана адеп-ахлактуулукту сактаса, бала төрөө аркылуу куткарылат», — деп ырастайт. Албетте, бул, аял түбөлүк куткарылууга бала төрөө аркылуу гана жете алат дегенди түшүндүрбөйт. Бул аят Пабылдын Тиметейге айткан насыятындай эле грамматикалык түзүлүшкө ээ (1 Тим. 4:16): «Өзүңө жана окутууга көңүл бур, ушул нерседе туруктуу бол, анткени ошентүү менен өзүңдү да, угуучуларыңды да куткарасың». Пабыл Тиметейдин кызматы — насыят үйрөтүү жана бул чакырыкка болгон ишенимдүүлүктү чыныгы тобо кылуу далилдейт деп айтат. Насаат айтуу — Тиметейдин куткарылышы үчүн каражат эмес, тескерисинче, куткарылуудан келип чыккан табигый жемиш. Так ушундай эле, аялдын Кудайдын алдын ала белгилегени менен чакырыгын — «бала төрөөнү» четке какпастан, аны аткаруусу — куткарылуудан келип чыккан жемиш, аялдын Кудайга таандык экендигинин жана Анын жолу менен бараткандыгынын далили. (Бул Кудай бардык аялдарды күйөөгө тийип, бала төрөөгө чакырган дегендикке жатпайт. Бирок жалпысынан алганда, бул Кудайдан аялдарга берилген негизги роль.) Назареттик Мариям — бала төрөөгө (бул анын ал кездеги жеке планында жок болсо дагы) болгон даярдыгы аркылуу өзүнүн ишенимин ырастай алган аялдын үлгүсү болуп келет. Периште келип, анын бала төрөй тургандыгы тууралуу айтканда, өспүрүм кыздын жүрөгүндө кандай каршылыктар пайда болушу мүмкүн эле — биз болжолдоп гана айта алабыз: •Мен өтө жашмын! Мен бала төрөөгө азырынча даяр эмесмин! •Мен Жусуп жана өзүмдүн досторум менен убакыт өткөрө албай калам, мага бала менен үйдө отурууга туура келет. •Мен адегенде биздин жаңы үйүбүзгө жайланышкым келет. •Эл эмне дейт, эч ким мени түшүнбөйт! •Биз азыр балалуу болууга өзүбүзгө мүмкүндүк бере албайбыз! •Бала падышанын эл каттоосунун убагында төрөлөт, ал эми бизге башка шаарга барууга туура келет! Бирок Ыйык Жазууда буга окшогон ойлор жана күмөн саноолордун биринин да чети чыгарылган жок. Мариямдын жообу жөнөкөй болду: «Мен мына, мен Теңирдин кулумун. Мага сен айткандай болсун» (Лк. 1:38; курсив меники — Н. Д.). Башка сөз менен алганда, анын айтканы мындай: «Сен менин Теңиримсиң. Мен сенин кулуңмун. Менин денем сага таандык, андыктан, Сен мага даярдап койгон бардык ыңгайсыздык, же кыйынчылыктардын баарын кабыл алам. Мен үчүн эң маанилүүсү — Сенин эркиңди аткаруу, Сен мени эмне үчүн жаратсаң, ошону орундатуу. Мен кубаныч менен Сенин эркиңди аткарам». Кудайдын чакыруусуна дал ушундай жооп берген өзүмдүн энем үчүн мен Кудайга кандай ыраазымын. Нэнси Соссомон, таланттуу жана көп ийгиликтерден үмүттөндүргөн ырчы, 19 жашында Арт Демоссту жолуктурган, анан ал вокалдык карьерасын улантышы үчүн, алар бала төрөөнү беш жылга чейин кечеңдетип турууну каалашкан. Бирок, Теңирдин башкача каалоолору бар эле. Никедеги биринчи беш жылдын ичинде Ал аларга беш бала берди! Ошол эле убакта, апам атамдын бизнесине жардам берип жүрдү. Ушул жылдардын ичинде ал Кудай берип жаткан ар бир баласын, бир нече жылдан кийин төрөлгөн жетинчи баласын да, кубаныч менен кабыл алып жүрдү. Балалуу кылып, эне болгонго берген батасы үчүн Кудайга келтирген ыраазычылыктарынан башка, мен андан эч качан наалыган сөздөрдү уккан эмесмин. Назареттик Мариям менен менин энем — бул аялдар, балдарды кабыл алып, аларга убакыт бөлүп, Өзүнүн шакирттерин да ошондой кылууга шыктандырган Ыйса Теңирди даңкташат (Мт. 19:13–15). ## Балдар жашоону түшүнүү үчүн, «реалдуу турмушта» жашашы керек Эгерде шайтан машайакчылардын үй-бүлөлөрүндө балдардын төрөлүүсүнө жолтоо кыла албаса, анда ата-энелерди балдарды тарбиялоо тууралуу жалган түшүнүктөргө ынандыруу үчүн бардыгын жасайт. Мында ал Обо менен сүйлөшкөндөгүдөй эле тактиканы колдонот. Ал Обону тыюу салынган жемиштен жегенден кийин бир маанилүү нерсени түшүнүп каларына ынандырган: «…силердин анын жемишинен жеген күнү көзүңөр ачылып, жакшылык менен жамандыкты билген Кудайдай болуп каларыңарды билет» (Башт. 3:5). Шайтан туурасын айтты — Обо жемишти жегенден кийин, анын көзү ачылды (Башт. 3:7); ал чындыгында эле мурда билбеген нерсени, — жамандыкты түшүндү. Мындай билимдин натыйжасы — уялуу, айып жана Кудай менен күйөөсүнөн алыстоо болду. Биздин жамандыкты өз тажрыйбабыз менен түшүнүп билишибизди Кудай каалаган эмес. Ал «…силердин жакшы иштерди акылмандык менен кылышыңарды, жаман иштер менен булганбашыңарды каалаймын», — дейт (Рим. 16:19). Бирок шайтан: «Өзүң сынап көр», — дейт. Ал ата-энелерге айтат: «Силердин балдарыңар бардыгын өз сыноолорунан өткөрүшү керек. Эгерде аларды реалдуу турмуш эмне экендигин билбестикте кармасаңар, анда турмушта өз ордун таба албай, жашоого жөндөмсүз болуп калышат». Бирок чындык таптакыр башкада: ал — бул турмушта «ордун таба ала турган» же болгону дүйнөдө «аман кала турган» балдарды өстүрүүдө эмес. Машайактардын үй-бүлөсүнүн милдети — Кудайды чын жүрөгү менен, жан -дили менен, бардык күч -кубаты менен, бүт акылы менен сүйө турган, Ыйса Теңир менен бекем мамиле түзө турган жана жашоолору айланадагы караңгылыкты кесип өткөн жарык болуучу адамдарды тарбиялоо. Машайакчы ата-энелер жөн гана «жакшы» балдарды эмес, чындыкта кубаныч менен жашаган балдарды, адилеттикти сүйүп, жамандыкты жек көргөн балдарды, Кудай дүйнөнү өзгөртүү үчүн колдоно турган балдарды тарбиялоого умтулууга милдеттүү. Мен өзүмдүн ата-энем үчүн Кудайга токтоосуз ыраазычылык келтирем. Алар, «заманбап маданият бизге зыян келтирет» деген гана коркунучтан эмес, Теңирге болгон урматтоо менен сүйүүнүн негизинде — бизди ыйыктыкты сүйүүгө жана күнөөнү жек көрүүгө үйрөтүштү. Алар бизди эң сонун светтик жеке мектептердин бирине берип коюшса деле болот эле, бирок алар бизди машайакчылардын «сапаты жөнөкөйүрөөк» мектебинде окуйт деп чечишти. Кээ бирөөлөр бизди жогору деңгээлдеги билим алышы керек деп эсептешчү, бирок менин ата-энем «Акылмандыктын башталышы — Теңирден коркуу» экендигин эске алып, бизди Кудай Сөзүнөн артык эч нерсе турмушка мыкты даярдабайт деп чечишти. Алар биздин жаш акылыбызды жана жүрөктөрүбүздү бул дүйнөнүн таасиринен коргоо үчүн конкреттүү кадамдарды жасашты. Кудай менин апама бизди эмнелерден коргоо керек экендигин так аныктоого акылмандыкты берди, — булар, көп замандаш ата-энелер камырабастык менен мамиле кылган нерселер эле. Мисалы, бизге курдаш кыздар Барби деген куурчактар менен ойноп жүргөн убакта, биз ал куурчактар тууралуу эч нерсе билчү эмеспиз. Биздин энебиз, акылмандуулук менен, — эгерде кичинекей кыз, пропорциялары жана дене түзүлүшү жетилген аялдыкындай куурчак менен ойносо, бул анын аял менен эркектин ортосундагы физиологиялык айырмалыктарга болгон туура мамилесинин калыптанышына тоскоолдук кылышы мүмкүн, — деп эсептечү. Мен кичинекей кезимде, биздин коом — козголоңдор, забастовкалар жана революциялар менен алпурушуп турган эле. Диссиденттер көчөлөрдө марштарды өткөрүп, желектерди өрттөп, Вьетнамдагы согушка каршылыгын көрсөтүп жатышты. Миллиондогон жаштар баңги заттарга, секс менен рок музыкага батышты. Жогорку Сот аялдар аборт жасаганга укуктуу деген токтом кылды. Хрущев: Кошмо Штаттарды жок кылам деп коркутуп жатты. Биз бул окуялар тууралуу билчүбүз, бирок кечки жаңылыктар аркылуу эмес эле. Биздин ата-энебиз кээ бир темаларды биздин балалык акылыбыз үчүн эмес деп эсептешчү, дүйнөдө болуп жаткан нерселер жөнүндөгү түшүнүгүбүздү биз өзүбүз калыптандырышыбыз керек экендигин сезишчү. Жыйынтык? Мен «теплицада өскөн» бала болуп чоңойдум. Мектепти бүтүргөнгө чейин мен бир дагы уят сөз уккан жокмун. Мен ошол убактагы комикстердин, фильмдердин же телеберүүлөрдүн популярдуу баатырлары жөнүндө дээрлик эч нерсе билчү эмесмин. Бирок Кудайдын ырайымы жана даанышман ата-энемдин берген таасири менен, мен көпчүлүк курдаштарым билбеген нерселерди билчүмүн. Мен жамандык менен жакшылыктын ортосундагы айырманы ажыратып түшүнчүмүн. Мен Ыйык Жазууну жакшы билчүмүн — Ыйык Сөздү күнүгө үйдө окугандан тышкары, Ыйык Сөздү изилдөө боюнча эки курсту башынан аягына чейин өттүм (алар биздин мектептин программасына киргизилген эле). Мен Ыйык Жазуунун көп үзүндүлөрүн жатка билчүмүн, машайакчылык ишенимдин негизги доктриналары менен тааныш элем, машайакчылардын гимндерин жатка эсимде сактачумун — алар көп куплеттен турат. Мен Хадсон Тейлор, Джордж Мюллер, Уильям Карей жана Глэдис Эйлворд сыяктуу көптөгөн накта баатырлардын биографияларын окуп чыккам. Бирок бардык «билимдерден» — мен дүйнөгө чыкканда мени колдоп, өз үйүмдөн сырткары жерлерде туура чечим кабыл алганга жардам берип келген, Ыйса Теңирге болгон ишеним — эң маанилүү эле. «Аталарыбыздын ишеними» менин ишенимим болуп калды. Мен муну менен мактанбайм, анткени бул жерде менин сиңирген эмгегим жок, бул Теңирдин жана балдарды Кудай үчүн тарбиялоо милдетине олуттуу мамиле кылган ата-энемдин берген белеги. Балдар, кичине бала кезинде, алардын инсандыгы калыптанып жатканда, айланасында эмне болуп жатса, ошого көнүп калышат. Мен «дурус» машайакчылардын үй-бүлөлөрүнөн чыккан жаштарды билчүмүн, түпкү аталарга жана Ыйса Машайактын элчилерине караганда рок-группаларды жана кино жылдыздарын жакшы таанышчу. Алар кандай гана популярдуу ыр болбосун, ырдап бере алышат, бирок ишенимдин улуу гимндерин билишпейт. Мен бир гана тыянак чыгара алам: алар бала кезинде эмнени укса жана көрсө, ошого кызыгып калышкан. Эгерде биз балдарыбызга музыка угууга, фильмдерди көрүүгө, китептерди жана журналдарды окууга, бардык нерсени четке кагууга үгүттөгөн достору менен көчөдө бекер жүрүүгө, уят сөз айтып тилдешүүгө, эркин секске, козголоң жана зордук-зомбулукка уруксат кылсак, анда алар кийин бул дүйнөнүн философиясын кабыл алып кеткенде, таң калыштын кереги жок. Азыр, мен бул саптарды жазып отурганда, сыртта 20 сантиметр тереңдиктеги кар жатат. Мындай аба ырайынын убагында жаш, назик өсүмдүктү отургузуп, анын тамыр жайып, өнүп чыгышын күтүү эч кимдин оюна да келбейт. Бул үчүн теплица бар — ал өсүш үчүн оптималдуу шарттарды камсыз кылат. Ал эми өсүмдүктүн тамырлары жеткиликтүү күч алгандан кийин, жаан-чачындуу аба ырайына туруштук бере алгандай болгондо, аны жерге отургузууга болот. Мен он жети жашка чыкканда, ата-энем мени Кошмо Штаттардын башка четине, Түштүк Калифорниядагы светтик университетке окууга жиберишти. Мен машайакчылардын жакшы үй-бүлөсүндө жашап жаттым, мага күтүлбөгөн жерден, бүт өмүрүмдө болуп көрбөгөндөй эркиндик берилди. Мен каалаган жериме барсам, каалаган ишимди кылсам болот эле. Бирок менин «каалоолорум» калыптанып калган эле — мен Теңирди сүйчүмүн жана Ага жаккан нерсени жасаганды жакшы көрчүмүн. Мен чечимди: «ата–энем эмне деп ойлойт», — деген тынчсыздануудан эмес, Кудайдын катышуусун, ыйыктыгын жана сүйүүсүн сезгендиктен кабыл алчумун. Ал жылдары мен мурда мага түшүнүксүз болгон философиялык теорияларды изилдеп окудум. Бирок, Кудайдын Сөзүнө туура келбеген нерселер мени кызыктырган жок. Мен башкача жашаган адамдарды сүйчүмүн жана алардын Теңирге келишин каалачумун. Бирок алардын жолдору мени өзүнө тарткан жок. Мен Кудайды жан-дили менен сүйүү жана Анын эркине кубаныч менен баш ийүү кандай бата экендигин өз көзүм менен өзүмдүн үйүмдө көрчүмүн. Мындай тарбия менде Теңирге жагууну жана Анын алдында туура жүрүүнү каалоону пайда кылды. Элчи Пабыл бардык мезгилдердеги жана элдердеги ишенген адамдарды мындай деп эскерткен: «Бул дүйнөгө ылайыкташпагыла…» (Рим. 12:2). Мунун ордуна биз «…акыл-оюбузду жаңылантып туруу аркылуу толугу менен өзгөрүлүүгө» тийишпиз (Рим. 12:2). Биз, замандаш машайакчылардын көпчүлүгүндөй болуп, өз маданиятыбыздын таасири алдында калбашыбыз керек, анын ордуна, биздин жашообуз маданиятты өзгөртүшү үчүн, Ыйык Рухка жана Кудай Сөзүнө толушубуз керек. Машайакчы ата-энелердин алдында бүгүнкү күндө мындай максат турат: бул дүйнөгө ылайыкташпастан, аны өзгөртө турган муунду тарбиялоо. ## Балдардын бардыгы козголоңчулуктун стадиясын өтүшөт Душман ата-энелерди балдары өспүрүм кезинде ыйык, Кудайга баш ийген жашоо менен жашай тургандыгына болгон үмүтүнөн ажыраткысы келет. Бул жалганга ишенүү — балдардын өтмө курагын кубаныч менен эмес, үрөйү учуу менен күтүүгө мажбурлайт. Бул ишеним аларды өспүрүмдөрдүн козголоңчулук жүрүш-турушуна чыдоого, атүгүл муну актоого мажбурлайт. Ата-энеси козголоңду күтүп жатканын билген балдар чынында да алардын күтүүсүн актайт. Бирок биз бардыгыбыз жаратылышыбыздан козголоңчуларбыз. Биздин ата-энелерибиз күнөөкөр болушкан, биздин балдарыбыз жана неберелерибиз да төрөлгөндөн баштап эле ошол эле козголоңчулукка ынтаа коюшат (Заб. 50:7; 57:4; Ыш. 59:2 кара). Ушул жерден Жакшы Кабар башталат. Эң биринчи түгөй Кудайдын тилин албагандан баштап, Ал аларды өздөрүнүн козголоңунан сактап калуу үчүн, Өзүнүн куткаруу тууралуу оюн ишке ашыра баштады. Машайактын кун төлөгөн курмандыгы бузулган күнөөкөрлөргө Кудайдын ырайымын белек кылып берди. Кудай улам кийинки муун Анын ырайымын кабыл алып, келишимди сактап, аны өздөрүнүн балдарына берүүсүн каалаган. Кудайга ишенген ата-энелерге ыйык тапшырма берилген — балдарды өз жашоосун Ыйса Теңирге баш ийдирүүгө үйрөтүү. Ата-энелер балдарын «куткарылуу кемесине» алып келиши керек. Бул бийик жана ыйык милдетти аткаруу үчүн адамдарга Ыйык Рухтун күчү жана Кудайдын убадалары берилген. Сара Эдвардс, XVIII кылымдагы Жаңы Англиялык кайтаруучу Джонатан Эдвардстын аялы, терең руханий адам болгон, ал чындыкка ишенүүгө жана аны жашоосунун бардык тармактарында ишке ашырууга умтулган. Бул умтулуусун ал эненин ролун аткаруу менен көрсөттү — анын он бир баласы бар эле. Өзүнүн «Мемуарларында» Джонатан Эдвардс анын өзүнүн милдетине абдан ишенгендиги жана балдарды кичине кезинен баштап тил алууга тайбай үйрөтүп келгендиги жөнүндө жазган: Ал балдарды таң калыштуу башкара билчү… Ал бир гана жолу айтканда, алар кубаныч менен айтканга көнүшчү, нааразылык менен каршылыктын эмне экендиги балдарына белгисиз эле. Алар ата–энесин адаттан тышкары сыйлашчу… Балдардын арасында көп кездешкен талаш — тартыш, чатак анын үй-бүлөсүнө жат эле… Анын тартип системасы баланын жашоосунда эң кичине кезинде эле иштей баштачу; ал баланын эң биринчи өжөрдүгүнө, же тил албастыгына (кийинкилерине — андан артык), бала канчалык кичине болсо дагы, анын эрки ата –энесинин эркине баш ийгенге чейин, каршылык көрсөтүүнү өзүнө эреже кылган. Ал акылмандуулук менен, бала ата –энесинин тилин алмайынча, Кудайдын тилин ала албайт, деп эсептеген 3. Жакында бир эне мага өзүнүн уулу кичине кезинде аны көпчүлүк жаш адамдардын тил албастыгы — ал дагы өтмө курагында козголоңчу болууга тийиш дегенди билдирбейт деп үйрөткөндүгү жөнүндө айтып берди. Ал күйөөсү менен чогуу, балдарына башкача адамдар болуу тууралуу кыялды белек кылышты, кандай адам болууга мүмкүн экендигин аларга айтып беришти. Алар дайыма балдарына, өздөрүнүн үлгүсү аркылуу, тил алуунун жолун тандоо кандай жакшы экендигин көрсөтүшөт. Балдарда козголоңдун үрөндөрү жаңыдан өнүп баштаганда, акылман ата-энелер ийнин куушуруп: «Кыязы, балдардын бардыгы бул аркылуу өтүшү керек го», — дешпейт. Алар балдарынын физиологиялык жана гормоналдык өзгөрүүлөргө туш болуп жаткандыгын, булардын себебинен эмоционалдык ташкын-тартылыштар болорун түшүнүшөт, бирок балдарын эмоциялардын бийлигинде калбай, аларды башкара билүүгө үйрөтүшөт. Алар пайда болгон маселелерди бекемдикте, бирок сүйүү менен чечишет, тынчтыкты сактоого аракет кылышат, балдарга Теңир жөнүндө дайыма күбөлөндүрүү айтышат. Балдар туура эмес чечим кабыл алганда, анын натыйжаларына туш болушат, ал эми качан тобо кылганда, ырайым алышат. Акылман ата-энелер өздөрү жаңылыштык кетиргенде, момундук көрсөтүп, кечирим сурагандан коркушпайт. Эң негизгиси, алар өздөрүнүн балдары үчүн ынтаа коюп сыйынышат, алар Ыйык Рухка ишенип, Ал балдарынын жүрөктөрүн багындырарын күтүшөт. Алар, ошондой эле, өспүрүмдөргө — алар Кудайдын кун төлөгөн келишимдин эстафетасын кийинки муунга берүүгө тийиш экендигин билүүгө жардам беришет. Учурда, балдар уламдан-улам моюн сунбас болуп баратканда, бизге — Кудайдын келишимин сактаган, Кудайдын убадаларын туткан, чындыкка ишенген ата-энелер керек. Ал эми Теңир ырайымын Өзүнөн корккондорго кылымдан кылымга көрсөтөт. Адилеттигин Өзүнүн келишимин сактаган уулдарынын уулдарына көрсөтөт. <…> Уулдарыбыз жаш чагында дүркүрөп өскөн өсүмдүктөй болсун, кыздарыбыз ак сарайлардагы чеберлик менен кооздолгон мамылардай болсун. Сенин бардык уулдарыңды Теңир үйрөтөт, уулдарыңда улуу тынчтык болот. (Заб.102:17–18; 143:12; Ыш. 54:13) ## Мен баламдын Кудайга ишенген адам экендигин билем, анткени ал кичинекей кезинде эле сыйынып, Машайакка ишенип калган Көп жылдардын аралыгында мен аялдардын уулдары же кыздары жөнүндө көз жашын төгүп айткан баяндарын угуп калам. Адатта сөз руханий суроолорго эч кызыкпаган, же кудайсыз жашоодо жүргөн, чоңоюп калган бала (же небере) тууралуу болот. Ошого карабастан, бул аялдар өздөрүнүн балдарын Кудайга ишенген балдар деп эсептешет. Төмөндө келтирилген кыскача каттарда ошол эле тема козголуп, эми ал көбүрөөк кездешип келе жатат: Менин кызым — стриптизерша, уулум — гомосексуалист. Мен алардын Теңирге кайтып келишин каалайм. Алар экөө тең мурда Кудайга ишенип, чөмүлдүрүү алышкан. Менин балдарымдын бирөө дагы Теңир үчүн жашабайт. Алар бала чагында Машайакка ишенишчү, бирок колледжге окууга кетип, ишенимин жоготуп алышты. Бул балдарды караңгылык падышалыгынын кишенинде кармап калыш үчүн, шайтан көп ата-энелерди сокур кылып, алардан балдарынын руханий абалын жашырууга аракет кылып жатканына ишенем. Мындай жалгандын алдында балдарын жыйында чоңойткон ата-энелер өзгөчө алсыз болушат. Алар балдарын «жакшылыкты жамандыктан ажыратып билүүгө үйрөтүшкөн», балдар болсо, кандайдыр бир жол менен бала чагында, же өспүрүм кезинде Машайакка кайрылышкан, балким, кандайдыр бир учурда руханий суроолорго олуттуу кызыгууларын көрсөтүштү. Ошондуктан, мындай ата-энелер, көбүнесе, балдарыбыз эми куткарылды деп ойлошот. Бирок, Ыйык Жазуу ачык окутат: адам жогорудан төрөлбөй туруп, Кудай жөнүндө көптү билиши, бардык суроолорго так жооп бериши, атүгүл, кандайдыр терең диний тажрыйбасы болушу мүмкүн. Кудай гана адамдын жүрөгүн билет. Бирок Ал бизге ачык-айкын объективдүү стандарттарды берген, алардын жардамы менен биз өзүбүздүн, же башкалардын ишениминин чын жүрөктөн экендигин аныктай алабыз. Жакандын биринчи каты — жогорудан төрөлгөндөргө куткарылгандыгы тууралуу толук ишенич берүү үчүн, ал эми мындай ишеничке реалдуу негизи жок адамдарга эскертүү берүү үчүн жазылган. Жакан куткарылгандарды — Кудайга ишенем деп далилдеп, ал эми иш жүзүндө динчил гана болуп жүргөндөрдөн айырмалоо үчүн так критерийлерди берген. Осуяттарын аткарганыбыздан улам, Аны таанып билгенибизди билебиз. Ким: «Мен Кудайды таанып билдим», — десе, бирок Анын осуяттарын аткарбаса, ал — жалганчы, анын ичинде чындык жок. Ал эми ким Анын сөздөрүн аткарып жатса, ал адамда Кудайдын жеткилең сүйүүсү бар. Машайактын ичинде экенибизди ушундан билебиз. «Машайактын ичиндемин» деген адам Машайак кандай жашаса, ошондой жашашы керек. <…> Ким: «Жарыкта жүрөм», — десе, бирок бир тууганын жек көрүп жатса, ал дагы деле караңгылыкта жүрөт. <…> …Ким бул дүйнөнү сүйсө, ал адамда Атага болгон сүйүү жок. <…> …Эгерде алар биздики болсо, биз менен калышмак. Бирок алар чыгып кетишти. Баары эле биздики эмес экендиги ошондон улам айкын болду. <…> Адил иш кылбаган жана бир тууганын сүйбөгөн адам Кудайдан эмес. Кудайдын балдары менен шайтандын балдары ушундан айырмаланат. (1 Жкн. 2:3–6, 9, 15, 19; 3:10) Чыныгы куткарылуунун маңызы тобо кылууда, же жакшы иштерде эмес, ал — адамдын өзгөрүүсүндө: «…ким Машайактын ичинде болсо, ал — жаңы адам. Мурункунун баары өтүп кетти, азыр баары жаңы болду» (2 Кор. 5:17). Чыныгы Кудайга бурулган аялдар, же эркектер жаңы жашоого, жаңы жүрөккө, жаңы жаратылышка ээ болуп, жаңы Падышага баш ийишет: «…бизди караңгылыктын бийлигинен куткарып, сүйүктүү Уулунун падышачылыгына алып кирди» (Кол. 1:13). Бул жаңы келишимге биз ишенимибизде бекем тура аларыбызга карата ынануучулук кошулуп берилген. Кудай убада кылат: «Алар Менден четтебеши үчүн, алардын жүрөгүнө Менден коркуу сезимин салам» (Жер. 32:40; курсив меники. — Н. Д.). Ал эми Эврейлерге жазылган каттын автору акырына чейин чыдамдуулукта болуу — чыныгы ишенимдин белгиси экендигин айтат: «Баштапкы ишенимибизди акырына чейин бекем сактаганда гана Машайак менен катышыбыз болот (Эвр. 3:14; курсив меники — Н. Д.). Элчи Пабыл Эфестеги Кудайга ишенгендерге, Машайакты билем деп, бирок жашоосунда чыныгы куткарылгандыктын белгилерин көрсөтө албагандар тууралуу мындай дейт: Билип койгула: ойноштук кылуучу, нике бузуучу, дүнүйөкор, башкача айтканда, бутка табынуучу Машайактын жана Кудайдын Падышачылыгында мураска ээ болбойт. Эч ким силерди маңызсыз сөздөр менен алдабасын. Ошондой кылган баш ийбес адамдар Кудайдын каарына калышат. (Эф. 5:5–6.) Эгерде ата-энелер: балдарыбыз жогорудан төрөлгөн деп ойлоп жүрсө, ошол эле убакта балдардын жашоосунда куткарылгандыктын белгилери жок болсо, мунун арты коркунучтуу натыйжаларды алып келиши мүмкүн. Биринчиден, бул балдарды өздөрүнүн түбөлүктөгү тагдыры тууралуу жалган бейкапардык сезимге ынандырышы мүмкүн. Бул ата-энелердин өз балдары үчүн туура сыйынып, алардын жаны үчүн руханий күрөштү жүргүзүүгө тоскоолдук келтириши мүмкүн. Бул Машайактын инсандыгын жана курмандыгын төмөндөткөн кандайдыр бир «арзан ырайым» жөнүндө түшүнүктү пайда кылат. Ушул себептен, биздин жыйындар өздөрү жөнүндө: «бардыгы өз жайында» деп ойлогон адамдарга толуп баратат. Алар Машайак менен чыныгы мамилени сактабаганына карабай, бул ойлоруна ишенишет, ал эми алардын жашоосунун мүнөзү дүйнөнүн алдында машайакчылыкты жаман көрсөтөт. Албетте, жогорудан төрөлгөн адамдар дагы кээде Кудайды угушпайт, же ишенимден четтеп жаткан учурларда кайгырышат. Бирок, бир дагы чындап Кудайга ишенген адам дайыма жана билип туруп, Ыйык Рухтун ашкере кылуусун сезбестен, күнөө кылбайт. Балдар (же алардын ата-энелери), канчалык руханий суроолордон кабардар болбосун, канчалык жашоосунун белгилүү бир учурларында демилгелүү болушпасын, эгерде аларда Кудайды сүйүү жок болсо, эгерде алар дайыма жана өжөрлүк менен Кудай Сөзүн жана Анын жолдорун четке кагышса, аларды: «жогорудан төрөлгөнүм чынбы?» деп ойлонууга мажбурлоо керек. ## Биз өзүбүздүн балдарыбыздын жашоодо тандаган жолдору үчүн жоопкерчиликте эмеспиз Кыязы, мени менен аялдар бөлүшкөн сыйынуу үчүн муктаждыктардын эң кеңири жайылган түрү, — бул Кудайдан алыстап кеткен балдары жана неберелери үчүн сыйынуу муктаждыктары. Энелердин кайгы-капалары жөнүндө бүтүндөй бир китеп жазса боло тургандай: Менин он алты жаштагы кызым тогуз ай мурда үйдөн качып кетип, өзүнүн жигити менен жашап алды. Мен ал үчүн абдан кайгырам! Менин жыйырма сегиздеги кызым Машайакка болгон ишениминен баш тартты; көрсө, ал лесбиянка экен. Кудай менин уулумдун жүрөгүн талкалап, аны бала кезинен бери кыйнап келаткан порнографияга болгон кызыгуусунан бошотуп бериши үчүн сыйынгыла. Кудайга жана Аны менен байланыштуу нерселердин бардыгына көңүл кош өспүрүм уулдарымдан абдан көңүлүм калды. Мен балдарымды Кудай үчүн тарбиялап бере албадым. Мындай нерселер башынан өтпөгөн адам бул аялдардын кайгысын божомолдоп гана элестетиши мүмкүн. Ата-энелерди өзүнө баш ийдирүү үчүн душман бири-бирине карама-каршы келген эки көз карашты колдонуп жатканын көрүп турам. Биринчиси — балдарына олуттуу таасир бере албастыгы, балдары үчүн жоопкерчиликте эместиги жана эч нерсени өзгөртүүгө болбой тургандыгы. Бул жалган ата-энелерди балдары үчүн болгон жоопкерчиликтен баш тартууга, андан ары өздөрүн алсыз курмандыктар катары сезүүгө алып келет. Экинчиси — ата-энелер балдарынын кандай болгондугуна жүз пайыз жоопкерчиликте, бул толугу менен алардын күнөөсү деген жалган көз караш. Алар, бала ата-энеси кандай адамдар болгонуна карабастан, өз тандоосуна өзү жоопкерчиликте экендигин түшүнө алышпайт. Балдар козголоң көтөргөндө, шайтан ата-энелерди тиги же бул чектен ыгы жок ашып кетүүгө мажбурлайт. Алар бирде өздөрүн күнөөлүү сезип, азап чегишет, бирде өздөрүн таптакыр күнөөлүү эместей эсептешет. Тигил дагы, бул жалган дагы — чындыкты өтө кылдаттык менен бурмалап, адамды айла түгөнүүгө жана үмүт үзүүгө алып келүүсү мүмкүн. ## Алма сабагынан…? Ыйык Сөздө балдары мыйзамсыз адил ата-энелер жана тескерисинче, — балдары Кудайды бүт жүрөгү менен сүйгөн мыйзамсыз ата-энелер тууралуу көптөгөн тарыхтар жазылган. Муну түшүндүрүү дээрлик мүмкүн эмес. Бирок, балдары Машайактын окуучуларынан болушун каалаган ата-энелерге кээ бир кеңештер бар. Ыбрайымдын тууганы Лоттун окуясы ата-эненин үлгүсү жана баалуулуктары кандай күчтүү болорун көрсөтүп турат. Лот жеңил турмушту, байлыкты жана белгилүү болушту баалоочу. Анын дүйнөлүк баалуулуктары аны үй-бүлөсү менен элдери момун эмес, күнөөгө баткан жна бузулган шаарга көчүүгө мажбур кылды. Анын кыздары Лоттун диний «ишенимдерин» жек көргөн, бүлүнө турган шаарды таштап кетүүгө болгон суранычын укпай койгон эркектерге турмушка чыкканына таң калууга болобу? Содомдон качкандан кийин, Лоттун кыздары баласыз калбайлы деп, атасын шарапка тойгузууну ойлоп табышканына жана кезектешип аны менен жатышканына биз таң калышыбыз керекпи? Жаңы Келишим бизге Лот «адил» болгон деп айтат. Ал Содомдун ачык мыйзамсыздыктарына катышкан эмес; ал атүгүл «…мыйзамсыз иштерин угуп — көрүп, күн сайын жаны кыйналган…» (2 Пет. 2:8). Бирок ишенген адам болуп туруп, ал өзүнүн жүрөгүн сактаган эмес, ал дүйнөлүк нерселерди сүйгөн. Лот бир буту менен Кудай Падышалыгында, бир буту менен дүйнөдө тургусу келген. Өзүнүн үлгүсү аркылуу ал өзүнүн балдарын дагы дүйнө менен компромисс издөөгө үйрөткөн. Лот өзүнүн туруксуз баалуулуктары үчүн кымбат бааны төлөгөндөй көрүнөт, бирок белгилүү мыйзамда айтылган: эмнени сепсең, ошону оросуң. Бекеринен: «Ата-энеси кичине өлчөмдө жол берген нерсеге — балдары ашыгы менен жол берет», — деп айтылбайт. Эйлинин үй-бүлөсүнүн окуясы — ата-энелер балдарынын жүрүш-турушуна Кудайдын стандарттарын орнотуп, андан кийин белгилүү тартипти сактоого тийиш экендиги жөнүндөгү чындыктын ачык иллюстрациясы. Эйли, израилдик ыйык кызмат кылуучу, башкаруучулардын мезгилинде жашаган, Теңирдин берилген кызматчысы болгон. Бирок, анын эки уулу, Копни жана Пинехас диний үй-бүлөдө чоңоюшса дагы, Ыйык Китепте айтылгандай: «…начар адамдар эле. Алар Теңирди билишчү эмес» (1 Шем. 2:12). Ыйык кызмат кылуучунун уулдары катары, алар дагы ыйык кызмат кылуучу гана боло алышмак. Бирок алар өздөрүнүн милдетин жаманатты кылышты: алар курмандыктардын ичинен эң жакшыларын өздөрүнө алып, атүгүл жыйын чатырынын алдына келген аялдар менен жатып, адамдарды Кудайга ишенүүдөн иренжитишти (1 Шем. 2:13–17, 22 кара). Кантип Кудайга берилген адамдын уулдары ушундай болуп өсүштү? Албетте, аларга күнөө аркылуу бузулган маданият таасир эткени шексиз, бирок Ыйык Китеп атасы дагы өзүнүн терс үлгүсүн кошкондугун эскертет. Биз Эйли карып калганда «салмактуу» болуп калганын билебиз (1 Шем. 4:18). Балким, ал өзүнүн тамагын тыя албаган адам болгондуктан, балдары курмандыкка алып келинген этке тоюп жатышты? Ыйык Китеп бизге — Эйли, жок дегенде бир жолу, балдарынын эмне кылып жатканын билип калып, начар жүрүш-туруштары үчүн аларды урушканын айтат (1 Шем. 2:22–25 кара). Бирок, бул убакта ал «абдан кары» болуп калган эле. Эмне үчүн ал ушунчалык көпкө чейин күтүп, эмне үчүн балдарынын жүрүш-турушуна көңүл бурбай жүргөндүгү тууралуу, болжолдоп гана биле алабыз. Кудай ага мында анын дагы күнөөсү бар экендигин көрсөтүш үчүн, эки жолу киши жиберди. Эйлинин балдарынын күнөөсү көз көрүнөө жана үрөй учура тургандай болгону менен, бул алардын атасынын жашоосунун мыйзам ченемдүү натыйжасы эле: Мага алып келинген курмандыктарды… силер эмне үчүн бутуңар менен тебелейсиңер? Менин элим Ысрайыл алып келген тартуулардын алгачкыларына семирип, эмне үчүн уулдарыңды Менден артык көрөсүң? Мен ага: «Уулдарыңдын мыйзамсыз иштерди кылып жатканын көрүп туруп, аларды тыйбаганың үчүн — ушул күнөөң үчүн сенин тукумуңду түбөлүккө жазалайм», — деп айткам» (1 Шем. 2:29; 3:13.) Эйли, билип туруп кылмышка жол бергендиги үчүн, толук жазасын алды. Бул мисалдар ар бир баланын руханий абалы толугу менен ата-энесинин руханий абалынан көз каранды экендигин далилдебейт. Бирок алар ата-эненин балага болгон таасири абдан чоң экендигин жана ата-энелер балдардын тарбиясы үчүн жоопкерчиликте экендигин көрсөтүп турат. Курдаштарына, мугалимдерге, массалык маалымат каражаттарына, жыйындардагы жаштар топторуна жана дүйнөлүк маданиятка күнөөнүн баарын оодара салыш абдан оңой. Бирок, кантсе да, Кудайдын алдында Ал бизге ишенип тапшырган кичине үйүр үчүн жооп беребиз. Мен силер менен өзүмдүн терең ишенимим менен бөлүшкүм келет: көптөгөн ата-энелер, алардын жеке үлгүсү, ошондой эле тарбияга тиешелүү жагдайларда алар кабыл алган (же кабыл албаган) чечимдер, балдарынын жашоосуна кандай таасир берип жаткандыгын такыр түшүнбөстүгүнө мен ишенем. Кээде ата-энелер балдарынын кандай гана чечимдерди кабыл алуусуна жол берип жаткандыгына (көбүнесе, жакшы каалоо менен) абдан капаланып, чочулай тургандыгымды мен мойнума алам. Алардын каршы айта турган сөзү жоктой сезилет. Алар өздөрүнүн балдарына Кудайды тааныбаган курдаштары менен мамиле түзүүгө, Кудайга ишенбеген жигит, же кыз менен жолугушууга, улууларды сыйлабастыкка, адепсиз кийинип, өзүн дүйнөлүк музыка жана фильмдер менен курчоого көзөмөлсүз уруксат беришет, андан кийин ата-энелер: эмне үчүн балдарым дүйнөнү сүйүп, машайакчылыкты жек көрөт, — деп таң калышат. Жакында мени ири машайакчылык мектептин кызматчыларынын жана мугалимдеринин алдына чыгып сөз сүйлөөмдү суранышты. Мени чакырган мектептин кызматчысы окуучулардын руханий абалы жөнүндө тынчсыздангандыгын билдирди. Ал мага: «Бул мектептеги балдар Кудайды жек көрүшөт, алар Ыйык Китепти жек көрүшөт. Алар руханий суроолорго таптакыр кызыгышпайт», — деди. Эгерде бул чындык болсо, биз өзүбүзгө чын ниетибизден: бул жаш балдар өз үй-бүлөсүнөн эмнени көрүшкөн (же көрбөгөн), — деген суроону беришибиз керек. Мындай жемиштер эмнеден келип чыкты? Бактыбызга, бул муунда кээ бир адаттан тыш көрүнүштөр бар. Бирок, жыйындардагы жаштар топторунун кыйласына байкоо жүргүзүп көрүп, «машайакчылардын үй-бүлөлөрүндө» чоңойгон балдардын көпчүлүгү руханий суроолорго дээрлик көңүл бурбай тургандыгын көрдүм. Эгерде биздин балдар чоңойгондон кийин, Кудай менен эч мамиледе болгусу келбесе, же андан да жаманы, өздөрүн машайакчыбыз деп эсептеп, бирок Кудайдын Сөзүнө карама-каршы жашоодо болсо, анда маселе биздин өзүбүздө, машайакчылардын улуу муунунда. Бул адил машайакчынын балдары да сөзсүз адил болот дегендикке жатпайт. Бирок, бизде машайакчылардын үй-бүлөлөрүнөн, ата-энеси эмнеге ишенсе, ошону четке каккан жаштардын саны өсүп жатса, анда ата-энелер чындап, маанилүү нерсени колдон чыгарып жиберген. Эгерде биз балдарыбыз үчүн жоопкерчиликте эмеспиз деген жалганга ишенүүнү улантсак, анда өз падышачылыгы үчүн кийинки муунду жеңип алууга умтулган душманга жардам берген болобуз. Бул бир эле убакта ардактуу укук жана олуттуу милдет. Төмөнкү факт биздин көзүбүздү ачышы керек: биз эмнени сээп жаткандыгыбыз үчүн жоопкерчиликтебиз жана акыр аягында бизге түшүмдү оруп алганга туура келет. Биз «мелүүн», тартиби жок, дүйнөлүк жашоо менен жашап, анан бул кийинки муунга таасирин бербейт деп үмүт кылбашыбыз керек. Албетте, муну Кудай Сөзүндөгү башка чындык менен тең салмакташтыруу керек: ар бир муун Кудайдын алдындагы жашоосу жана Ага тил алуусу үчүн жооп берет. Ата-энеси эмнени кылбасын, ар-бир адам бир убакта Кудайга өзүнүн кылган тандоосу үчүн жооп берет (Мый. кай. 24:16; Жер. 31: 29–30 кара). Ата-эне болуу — бийик жана ыйык милдет. Мындан олуттуу кызмат жок. Мыкты ата-энелер балдарын тарбиялоодо толугу менен Ыйык Рухка таянышат. Мына ошондуктан, эненин колундагы эң күчтүү курал — бул сыйынуу. Душман чындыктын бир муундан экинчи муунга өтүшүнө тоскоолдук кылуу аракетинде ата-энени алдайт. Анын жалганына ишенүү менен аракет кылган ата-энелер өздөрүнүн балдарын жана өздөрүн кулчулукка дуушар кылышат. Бирок чындыкка ишенип, чындык менен жашаган ата-энелер — эркин сүйүп, кубанып, балдарын туура жолго салып жана тарбиялай алышат, Кудайдын ырайымы менен аларды Кудайдын даңкын кийинки муунга берүүгө баталашат. # ЖАЛГАНГА КАРШЫ ЧЫНДЫКТЫ КОЙ ЖАЛГАН 27.Канча балалуу болорубузду биз өзүбүз гана чечебиз. ЧЫНДЫК •Кудай — жашоонун Жаратуучусу жана Түзүүчүсү. •Кудайдан берилген өмүрдү белек кылып, ал жөнүндө кам көрүү милдетин аялдардын аткаруусуна тоскоолдук келтирип, же буларды каалабоого ынандырып жаткан нерселердин бардыгы: шайтандын ойлорун орундатууга жардам берет. •Никенин максаттарынын бири — адил адамдарды тарбиялоо. •Балдарды төрөө — Кудай аялдарга арнаган, алар аткара турган, эң маанилүү роль. Балдарды — Кудайдын берген батасы деп кабыл алуу керек. ЖАЛГАН 28.Балдар жашоону түшүнүү үчүн, «реалдуу турмушта» жашашы керек. ЧЫНДЫК • Биздин милдетибиз — бул дүйнөгө ылайыкташып жашай турган, же болгону, дүйнөдө аман кала турган балдарды эмес, Кудай бул дүйнөнү өзгөртүү үчүн колдоно турган балдарды тарбиялоо. • Балдар руханий жетилип, дүйнөгө өз алдынча туруштук бергенге жөндөмдүү болгонго чейин, жаңыдан өнүп келаткан өсүмдүк сыяктуу, дүйнөнүн таасиринен корголушу керек. • Теңирден коркуу жана Кудайга ишенүү — балдарды светтик маданиятка жана дүйнөнүн өзгөрүүлөрүнө туруштук берүүгө даярдоонун эң мыкты куралы. ЖАЛГАН 29.Балдардын бардыгы козголоңчулуктун стадиясын өтүшөт. ЧЫНДЫК • Эгерде ата-энелер өздөрүнүн балдарынан козголоңду күтсө, анда козголоң, албетте, болот. •Кудай Анын келишимин сактап, өздөрүнүн балдарын дагы ушуга үйрөткөн ата-энелерге баталарды убада кылат. •Ата-энелер балдарын Кудай менен жашоого мажбурлай алышпайт, бирок, үйдө балдар Кудайдын чындыгын сүйүшүнө түрткү бере тургандай, алардын руханий өсүшүнө түрткү бере тургандай атмосфераны түзө алышат. ЖАЛГАН 30.Мен баламдын Кудайга ишенген адам экендигин билем, анткени ал кичинекей кезинде эле сыйынып, Машайакка ишенип калган. ЧЫНДЫК • Ким Кудайды сүйбөсө, Аны эңсебесе, Ыйык Сөздү жана Кудайдын жолдорун кабыл албаса, ал өзүнүн куткарылгандыгына ишене албайт. • Атасы менен энесинин жашоосунун түрүнө карабастан, балдар Теңирди таанып билет, деп ойлогон ата-энелер — балдарын да, өздөрүн да, жалган коопсуздуктун сезимине көндүрүп алышат жана балдары үчүн ынтаа коюп сыйынышпайт. ЖАЛГАН 31.Биз өзүбүздүн балдарыбыздын жашоодо тандаган жолдору үчүн жоопкерчиликте эмеспиз. ЧЫНДЫК • Ата-энелер өздөрүнүн балдарынын жашоосуна өздөрүнүн жеке үлгүсү, аларды окутуу жана жетектөө аркылуу таасир бере алышат. • Ар бир муун кийинки муунга билимди жана Кудайга болгон ишенимди берүү үчүн жоопкерчиликте. Ата-энелер Кудайдын алдында Ал ишенип тапшырган жүрөктөрдүн руханий абалы үчүн жооп берет. • Ар бир адам өзүнүн Кудай алдындагы жашоосу жана Ага тил алуусу үчүн жооп берет. • Ата-энесинин кандай болгонуна карабастан, ар-бир адам Кудайга өзүнүн кылган тандоосу үчүн жооп берет. # ПРАКТИКАЛЫК КОЛДОНУУ 1. Кудай менен МАКУЛ БОЛУҢУЗ. Ата-эненин жана балдардын ролу жөнүндө кандай жалганга ишенчү элеңиз? 2. Жоопкерчиликти өзүңүзгө АЛЫҢЫЗ. Бул жалганга болгон ишеним сиздин жашоо образыңызга (сиздин мамилеңизге жана иш-аракеттериңизге) кандай таасир тийгизди? 3. Чындыкты ЖАРЫЯЛАҢЫЗ. Төмөндө келтирилген чындыктардын ар бирин үн чыгарып окуңуз. Алардан кайсынысы бүгүнкү күндө сиз үчүн актуалдуу? Өз акылыңызды Кудайдын Сөзү менен жаңылаңыз. Төмөнкү үзүндүлөрдү үн чыгарып окуңуз. Бул аяттар балдар жөнүндө, алардын жашоосундагы ата-эненин ролу жөнүндө эмне дейт? Заб. 126 Мт. 19:13–15 Заб. 77:1–8 1 Тес. 2:7 4. Чындыктын негизинде ИШ ЖАСАҢЫЗ. Сиздин жашооңуз чындыкка туура келиши үчүн кандай кадамдарды жасашыңыз керек? 5. Чындыкта жүрүү үчүн Кудайдан сизге жардам беришин СУРАНЫҢЫЗ. Кымбаттуу Ата, Сенин аталык жүрөгүң үчүн рахмат, Сен мени бала кылып асырап алгандыгың үчүн рахмат. Мен жөнүндө кам көргөндүгүң үчүн, менин муктаждыктарымды канааттандыргандыгың үчүн жана мени руханий жеткилең кылгандыгың үчүн рахмат, Сенин балдарды сүйгөндүгүң үчүн рахмат, мен дагы аларды Сендей кабыл алып, сүйүшүмө жардам бер. Мени аял кылып жаратып, жүрөгүмдүн алдында бала көтөрүүгө жана ал жөнүндө кам көрүүгө дайындаганың үчүн рахмат. Менин денемден чыккан балдарымдын, же Сен кам көрсүн деп, мага тапшырган балдардын энеси болуу милдетимди аткарууга үйрөтүүңдү сурайм. Менин жашоом кийинки муундун адилдикти самоосуна, Асмандагы Атабызга окшош болууга умтулуусуна түрткү берсин. Ыйсанын ысмынан. Омийин. # СЕГИЗИНЧИ БӨЛҮМ. ЭМОЦИЯЛАР ЖӨНҮНДӨ… АЯЛДАР ИШЕНГЕН ЖАЛГАН Кымбаттуу күндөлүк, Биз Абылдан ажыргандан бери эки жыл өтүп кетти; мен дайыма ал жөнүндө ойлоном, ушул кезге чейин менин жүрөгүм ооруйт. Биз бир нече айдан бери Кабылдан кабарыбыз жок. Кээде мен анын бизге кылган иши үчүн ачууланам, ал эми кээде болсо мен жөн гана аны бек кучактап, терметип, качандыр-бир анын бала чагындагыдай ага ырдап бергим келет. Адам өзүнүн сезимдери жөнүндө эч нерсе айтпайт. Кээде мен ал бирдемени сезе турганына да шектенем. Эгер мен ага өзүмдүн сезимдерим жөнүндө айтууга аракет кылсам, ал ачууланат. Мен боштуктун жана жалгыздыктын туңгуюгунан эч чыга албадым. Кээде өзүмдү төшөктөн турганга мажбурлайм. Мен билбейм, дагы канчага чыдай алам. Менин жаным качан оорубаганы эсимде жок. Мен качандыр-бир бактылуу боломбу? Бир нече жыл мурун мен катышкан аялдардын бир конференциясында бизге муздаткычка жабыштырып коюш үчүн кызыктуу магнитти белек кылышты. Анда ар кандай эмоциялардын толтура тизмеси бар эле, алар: уялуу, чоң сүйүнүч, ачуулануу, кайгыруу, капалануу, кубаныч ж. б. Ар бир сөздүн үстүндө ылайык келе турган күлкүлүү адам өңү тартылган. Бул тизмеге кичинекей өлчөмдөгү башка магнит кошулган, анда: «Бүгүн мен…» деп жазылган. Аны өзүңдүн бүгүнкү сезимдериңди көрсөтүш үчүн мурунку магниттин үстүнө коюш керек болчу. Эгер биздин кээ бирибиз бул көрсөткүчтү биздин эмоцияларыбыз өзгөргөн ар бир учурда жылдырып тура турган болсок, анда биздин башка нерсе жасаганга убактыбыз жетпей калмак. Так ушу биздин аялдык сезимталдыгыбыз эркектердин колун көтөрүп: «Мен жеңилдим. Мен жөн эле сени түшүнбөйм!» деп айтканга мажбур кылат. Бул үчүн эч ким аларды соттой албайт. Биз өзүбүздүн башкарылбаган эмоцияларыбыз менен күрөшкөн кезде, алар өз табияты боюнча күнөөкөр, ошондуктан аларды басуу керек деп чечүү жеңил. Биз Кудайдын бейнесиндей жаратылганыбызды эстешибиз керек, а бул деген биз ар түрдүү сезимдерди сезип жана көрсөтө ала турганыбызды билдирет. Кудай кубаныч, ачуу, кызганыч жана кайгыга окшогон сезимдердин толук спектрин көрсөтөт. Мына Ал бизди Анын жүрөгүн чагылдырган жана Ага даңк алып келген эмоцияларды сезип жана көрсөткөнгө жөндөмдүү кылып жараткан. Маселенин баары бизде эмоция бар экендигинде эмес — бул Кудайдан болгон белек. Маселе биздин эмоцияларыбыз Кудайдыкынан айырмаланып, күнөө аркылуу бузулгандыгында. Биз аларды туура көрсөтө алышыбыз үчүн, Ыйык Рухка биздин сезимдерди ыйыктаганга жол беришибиз керек. Мен биздин өз сезимдерибиз аркылуу бизди кул кылганга жөндөмдүү болгон шайтандын башка бир кыйла эффективдүү куралын билбейм. Ал бизди өз сезимдерибиз жөнүндөгү жалганга ишендиргиси келет. ## Эгер мен бир нерсени сезип жатсам, демек бул чындык Душман эгер биз өзүбүздү сүйүктүү эместей сезип жатсак, демек, чындап эле бизди эч ким сүйбөйт деп ишендиргиси келет. Эгер кандайдыр-бир көйгөйдү чече албай тургандай сезсек, анда так ошондой — биз эч нерсе жасай албайбыз. Эгер биз Кудай бизди таштап койгондой же Ал бизге адилетсиз мамиле кылгандай сезип жатсак, анда, балким, Ал чындап эле бизди оңтойсуз абалда калтырды. Эгер биздин абалыбыз үмүтсүз деп сезип жатсак, анда, демек, үмүт жок. Эгер биз өзүбүздү куткарылган деп сезбей жатсак, анда, мүмкүн, чындап биз куткарылган жокпуз. Эгер биз кечирилгенибизди сезбей жатсак, чындап эле кечирилген эместирбиз. Бирок биздин сезимдерибиз күнөөнүн айынан көп учурда реалдуулуктан алыс экендиги чындык. Көп кезде сезимдер эмне чындык жана эмне жалган экенин аныктай турган ишеничтүү критерий болуп саналбайт. Биздин сезимдерибиз Кудайдын өзгөрбөгөн реалдуулугуна жана Анын чындыгына негизделбестен, дайыма өзгөрүлө турган шарттарга негизделе турган болсо, биз жандык тең салмактуулугубузду сактоо жөндөмдүүлүгүн жоготобуз. Көңүлдү көтөрүү үчүн кичине эле нерсе керек: ачык тийген күн, эмгек акынын жогорулашы, достон уккан жылуу сөз, чоң проекттин ийгиликтүү бүтүшү же ашыкча салмактын азайышы. Ошол эле учурда маанайдын чөгүшү ар кандай себептер менен болушу мүмкүн, мисалы: күн бүркөө болгон жай, оор жумуш күнү, ийгиликсиз телефон коңгуроосу, салмактын кошулуусу, айыз күндөрү, уйкусуз түн же кечинде абдан кеч жеген жөн эле пицца. А эгер мындай «олуттуу» окуяларды: беш жылда төрт баланын төрөлүшүн, башка жакка көчүүнү, жумуштан айрылууну, жолдошунун же баласынын өлүмүн, акылынан ажырап калган картаң ата-эне үчүн кам көрүүнү же ракты кошо турган болсок, биз өз сезимдерибиздин үстүнөн башкарууну жоготуп коебуз. Нервдин бузулушунан качуу үчүн биз дайыма өз ойлорубузду жана жүрөгүбүздү чындыкка кайрып келтирип турушубуз керек. Ал эми чындык болсо мындай: мен сеземби же жокпу, баары бир Кудай жакшы. Мен сезсем да, сезбесем да, Кудай мени сүйөт. Мен өзүмдү кечирилгендей сеземби же жок экенине көз карандысыз эле мен үчүн төккөн Ыйса Машайактын каны мага кечирим тартуулайт. Кудай мени калтырбайт жана таштабайт, Ал дайыма, өзгөчө мен өзүмдү жалгыз жана баары калтыргандай сезген кезде да мени менен. Эгер биз чындыкта жүргүбүз келсе, анда биздин эмоцияларыбыз дайыма эле ишенимге татыктуу эмес экендигин билишибиз керек жана чындыкка дал келбеген бардык сезимдерди четке какканга даяр болушубуз керек. Бир аял (аны Конни деп атап коелу) анын ишеними чындыкка караганда, өзү сезген нерсеге көбүрөөк негизделгенин моюнга алган. Өз сезимдерин башкарууда чындыкка жол берүү керектигин түшүнгөн кезде анын ою өзгөргөнүн белгилеп кетсек болот: Мен Кудайдын баласы болсом да, өмүр бою кээ бир чындыктар менден башкалар үчүн гана колдонууга болот деп ишенип келгем… Кудай мен үчүн эмес, алар үчүн жакшы. Кудай мени эмес, аларды сүйөт. Кудай үчүн мен эмес, башкалар кымбат баалуу. Мен «фактыларды» билем — Кудай жакшы, Ал мени сүйөт жана мен Ал үчүн кымбатмын. Бирок менин башымда фактылар сезимдер менен экиге бөлүнүп кетчү. Эгер Кудай мени сүйсө жана мен Ал үчүн баалуу болгон болсом, мен өзүмдү сүйүктүү жана керектүү сезмекмин. Сиздин «Аялдар ишенген жалган» деген семинарыңыз аркылуу Кудай мага Анын чындыгы менин сезгенимден көз карандысыз эле чындык бойдон кала турганын ачып берди. Эч нерсе Кудайды же Анын чындыгын, Анын мүнөзүн өзгөртпөйт. Кудай мен үчүн жакшы. Ал мени сүйөт. Мен чындыкты кармаймынбы же шайтандын жалганына ишенемби өзүм тандайм. Бирок Кудайдын чындыгы өзгөрүлгүс жана төгүнгө чыгарылгыс. Элчи Пабыл Филиппиликтерге жазылган катынын акыркы бөлүмүндө жандык тең салмактуулуктун жана эмоционалдык туруктуулуктун рецептин берет: Ар дайым Теңир менен кубангыла… <…> Эч нерсе тууралуу кам санабагыла, ар дайым сыйынганда жана жалынганда, каалооңорду ыраазычылык билдирүү менен Кудайга айткыла…… эмне чындык болсо …ошол жөнүндө ойлогула. Жыйынтык? …Ошондо Кудайдын акыл жеткис тынчтыгы силердин жүрөгүңөрдү жана ойлоруңарды Машайак Ыйса аркылуу сактайт… <…> тынчтыктын булагы болгон Кудай силер менен болот. (Флп. 4:4, 6–9) ## Мен өз сезимдеримди башкара албайм Душман бул жалганды биз толугу менен өз сезимдерибизден көз карандыбыз деп ишендирүү үчүн колдонот. Биз чынында дайыма эле өз сезимдерибизди өзгөртө албайбыз, бирок биз сезимдерибиз биздин жашообузду башкаруусуна жол бербешибиз керек. Мүмкүн, сиз медициналык кароодон өтөөр алдында болгон толкундоону башкарууга күчүңүз жетпейт чыгар, бирок сиз жыйынтык жөнүндө тынчсызданып жана түйшүк тартпай кое аласыз. Балким, сиз айдын аныктуу бир күндөрүндө кыжырданууну башкара албай калган абалдасыздыр, бирок сиз жолдо сизге жолуккан адамдарга орой мамиле кылууну токтото аласыз. Сиздин жалгыздыгыңыздын туу чокусуна чыккан кезде сизге аялы бар эркек кызыга баштаган кезде, сиз, мүмкүн, өз алсыздыгыңызды сезүүдөн кутула албайттырсыз, бирок сиз өзүңүздү кармап, аны сүйбөй кое аласыз! Биздин ичибизде алай-дүлөй болгон сезимдерден көз карандысыз эле биз Кудайдын ырайымы боюнча чечим чыгара алабыз жана Аны карап, Ага ишенип жана баш ийе алабыз. Бул бизге кандай кыйынчылык болгонуна карабастан ишенимдүү калганга жардам бере турган Анын тынчтыгы менен ырайымын алып келет. Менин сүйүктүү жазуучум Ханна Уайтолл Смиттин жашоо шарты кимди болбосун нерви бузулушуна алып келиши мүмкүн эле. Ал руханий жана эмоционалдык жактан токтоно албаган жана анын көзүнө бир нече жолу чөп салган насаатчыга турмушка чыккан. Беш баласынын экөө жугуштуу тамак оорусунан өлүшкөн. Бир кызы өзүнүн күйөөсүнөн башка сүрөтчү менен качып кеткен; башка кызы атеистке турмушка чыккан. Ханна өзү артриттин азаптуу кармаган кезинен кыйналган. Бирок ал өз өмүрүн эмнени сезип жатканынын негизинде курган жок. Анын китептери сезимдерден көз карандысыз, Кудайдын аркасынан ээрчүүнүн, Ага баш ийүүнүн өзгөрүлбөс чечимин чагылдырып турат. Биздин Кудай менен болгон мамилебиз сезимдерге негизелбеши керек. Сезимдер — болгону биздин эркибиздин кызматчысы экенин түшүнүү керек… Эгер биз ылайык келе турган чечимдерди биринин артынан бирин билип туруп кабыл алсак гана, эрк сезимдер аркылуу башкаруусу мүмкүн. Менин сезгендерим факты менен дал келбеген көп учурда, мен чындыкты жарыялаганмын… Алай-дүлөй болгон эмоциялар, деңиздеги катуу шамал кезиндеги кемедей, аларды кармап турганга жөндөмдүү болгон якорго муктаж — эгер сиздин эркиңиз аларды кудуреттүү Кудайга баш ийдирсе, анда аягында алар тынчып калышат1. Жазууда кандай гана катуу бороон болгонуна карабай, эмоцияларды башкарууга жол бере турган Кудайдын көптөгөн убадалары жана осуяттары бар: •Кудайдын Сөзү убада кылат: «…бардык убакта Мен силер менен болом…» (Мт. 28:20). Ошондуктан, бизди курчаган жалгыздык сезимине баш ийгенге милдеттүү эмеспиз. •Кудайдын Сөзү убада кылат: «…Ал силер үчүн кам көрөт» (1 Пет. 5:7). Ошондуктан, биз эртеңки күн жөнүндө түйшүк тартпастан тынч уктай алабыз. •Кудайдын Сөзү убада кылат: «Тоолор жылат, дөңсөөлөр солкулдайт, бирок Менин ырайымым сенден четтебейт…» (Ыш. 54:10). Ошондуктан, биз коркунуч менен жашашыбыздын кереги жок. •Кудайдын Сөзү айтат: «…Кайгырбагыла жана коркпогула» (Жкн. 14:27). Бул деген биз абалдан көз карандысыз, коркунучка алдырбай тура алаарыбызды билдирет. •Кудайдын Сөзү айтат: «Эч нерсе тууралуу кам санабагыла…» (Флп. 4:6). Бул биздин бардык тынчсызданууларыбызга карабай, тынчтык ала алаарыбызды билдирет. •Кудайдын Сөзү айтат: «Баары үчүн ыраазычылык келтиргиле…» (1 Тес. 5:18). Демек, биз айланадагыларыбыздын баары кыйрап жатса да, биз ыраазы боло алабыз. •Кудайдын Сөзү айтат: «…душманыңарды сүйгүлө…» (Мт. 5:44 кара). Бул бизди кандай катуу капа кылганына карабастан, Ыйык Рухтун күчү менен биз сүйө алаарыбызды билдирет. •Кудайдын Сөзү айтат: «…Кимдир бирөөгө каршы бир нерсеңер бар болсо, сыйынып жатканыңарда, аны кечирип койгула…» (Мк. 11:25 кара). Бул бизге кандай оору алып келгенине карабастан же канчалык бизге каршы күнөө жасай тургандыгына карабастан, кечире албай турган адам болбой тургандыгын айткан. Биз Машайакка караган кезде жана ар бир ойду чындыкка баш ийдиргенде, Ыйык Рух биздин сезимдерди ыйыктайт жана табияттан сырткары ырайым, сооронуч жана тынчтык белек кылат. Эгерде силер Машайак менен кошо тирилсеңер, анда асмандагыга умтулгула, анткени Машайак Кудайдын оң жагында, асманда отурат. Жердеги жөнүндө эмес, асмандагы жөнүндө ойлогула. (Кол. 3:1–2) …ар кандай ой жүгүртүүлөрдү Машайакка тил алдыруу үчүн туткундайбыз. (2 Кор. 10:5) Руху бекем адамды Сен жеткилең тынчтыкта сактайсың, анткени ал Сенден үмүттөнөт. (Ыш. 26:3) ## Денеде гормоналдык өзгөрүү болгон кезде, мен өзүмө жооп бере албайм Эгер биз бул жалганды кабыл алсак, анда тез эле ызаланган учурда же кыжыр кайнаган кезде өзүбүздү кармана албай калабыз деп ишенип калабыз. Биз өз сезимдерибизге ишенип гана эмес, аларга тез эле баш ийип да калабыз. Ошентип, эгер биз кечки тогузда күтүлбөгөн жерден шоколаддуу балмуздак жегибиз келсе, ошол замат муздаткычты көздөй жөнөйбүз. Эгер уйкубуз келбесе, түн бир маалга чейин фильм көрөбүз. Эгер эртеси күнү тургубуз келбесе, жуурканды башыбызга чейин тартып, өзүбүздү оорулуу кылып көрсөтөбүз. Эгер кечки тамакты жасаганга өзгөчө каалообуз жок болсо, үйгө пицца заказ кылабыз. Эгер үй жыйнагыбыз келбесе, биз иретсиздик депрессия үчүн шылтоо болмоюнча күтөбүз. Маселе мында, эгер биз өз сезимдерибиздин негизинде иш кылсак жана биздин жашообузду башкаруу бийлигин аларга берсек, анда кыйынчылыктардын келиши менен тез арада кайрадан биз аларды угуп калабыз. Акыркы жылдарда аялдардын жашоосундагы бир нече мезгилдер жөнүндө көп айтылып жүрөт. Кээ бир изилдөөлөр «биз кандай сонун жаратылганыбызды» түшүнүүгө жардам берет. Бирок көп аялдар эми өздөрү менен гана алек болушуп, окумуштуулардан алган маалыматтардын негизинде өздөрүнүн адамдарга болгон кечиргис мамилерин акташат. Кээ бир аялдар жаман маанайы жана туура эмес жүрүш-турушу үчүн жоопкерчиликти өздөрүнүн айыз циклине жүктөшөт (мен да кээде ушундай кылгым келет). Бул адашуу Мариянын никесин аз жерден талкалап кое жаздаган: Мен элүү эки жаштамын жана сиз сүрөттөгөн жалган менин жүрөгүмдү өмүр бою ээлеп келгенин көрдүм. Күйөөм мени ашкерелегенге жана мага чындыкты ачып бергенге аракет кылган, бирок мен ушучалык алдаганмын жана муну коргоочулардын далилдерине ишенгенмин, ошондуктан аны уккум да келчү эмес. Күйөөм менден кетүүгө даярданган кезде гана көзүм ачылды. Кээ бир аялдар маанайларынын тез өзгөрүшүн жана алдын ала айтууга мүмкүн болбогон жүрүш-турушун оор кош бойлуулук менен «түшүндүрүшөт» (актанат деп окугула). Мен алдын ала климакс башталган кезде нерв жагынан үзгүлтүккө учурайм деп «пландаштырган» аялдарды да жолуктурдум. Биздин денебизде жүргөн процесстер биздин сезимдерибизге, ойлорубузга жана рухубузга да таасир тийгизе турганы шексиз. Биз инсандыгыбыздын кээ бир аспектилерин нейтралдаштыра албайбыз — алардын баары бири-бири менен ажырагыс байланышта. Бирок биз өзүбүздүн денелик абалыбызга же гормоналдык өзгөрүүгө негизделип, денелик, күнөөкөр табияттык жүрүш-турушту актаган кезде душмандын торуна чалдыгабыз. Мен он эки жашымда бир жыл бою себепсиз ыйлаганым эсимде. Азыр мен артымды караганда түшүнөм, — менин организмимде олуттуу өзгөрүүлөр болгон экен, — мен аял болуп жетиле баштаган экенмин. Бирок азыр мунун мен ошол жылы жол берген бат ачуулануучулукка жана таарынчаактыкка кечирим болуп кызмат кылбаш керектигин түшүнөм. Көп жыл мурун эл алдына чыгып сүйлөөнүн көптүгүнөн мен денелик жактан жана эмоционалдык жактан алсыз болуп кеткенмин. Мен адамдарга шумдуктуудай мамиле кылганмын, дайыма бардыгын сындачумун жана айланадагыларга менин жанымда болуу кыйын болуп калган. Мен муну өзүмдү жаман сезип жатам деп актачумун. Ошол кезде менин бир досум айтты: «Чарчагандык сага өзүңдү күнөөкөр табияттын каалоосу менен иш жасаганга укук бербейт». Мен тобо кылам, ошол кезде мага бул ашкерелөө жаккан эмес, бирок ал ошол учур үчүн керек болчу — бул чындыктын оору алып келүүчү, бирок керектүү эскертүүсү болгон. Кудай биздин дене-мүчөбүздү ушундай кылып жараткан, анын «өзүнүн мезгилдери» жана циклдери бар. Албетте, ар бир жашоо мезгилдеринде кыйынчылыктар бар. Күнөөнүн айынан болгон натыйжалардын бири — балдарды ооруп төрөө. Бирок сөз төрөт учуру жөнүндө гана болуп жаткан жок. Мисалы, айыз убагында кээ бир аялдардын азап чегүүсү да бизге күнөөнүн айынан кулагандык жөнүндө эскертет. Бирок айыз цикли — Кудай бизди аял кылып жаратканы жөнүндөгү эске салуу, ошондуктан биз балдарды боюбузда көтөрүп жүрө алабыз жана аларга өмүр беребиз. Менин жолдошум жок болсо да, мен мунун өзүмдүн ким экенимди, Кудай мени эмне үчүн жаратканы жана бул жер бетинде Аны мен кантип эң мыкты даңктай алаарым жөнүндөгү эң сонун эске салуу катары эстейм. Биздин денебизди Кудай жараткан жок беле? Алардын түзүлүшүн Ал түшүнбөйбү? Кантип эле биздин гормондор, айыз убагы, кош бойлуулук жана климакс Кудайды таң калтырсын, Ал бул убакта бизге кантип кам көрүү керектигин билбейби? Забурчу Кудайды Анын кам көрүүсү жана биздин дене-мүчөбүздү жаратканы үчүн даңктайт: Анткени менин ички мүчөлөрүмдү Сен жараткансың, Сен мени энемдин ичинде токугансың. Мен Сени даңктайм, анткени мен таң каларлык жаратылгам… <…> …Мен жашыруун жаратылып жатканда, курсактын тереңинде пайда болуп жатканда, менин сөөктөрүм Сенден жашыруун эмес болчу. Мен жаңыдан түйүлдүк боло баштаганда эле, Сен мени көргөнсүң. Мен төрөлө электе эле, мага белгиленген күндөрдүн бири да боло электе эле Сенин китебиңде баары жазылып коюлган. (Заб. 138:13–16) Кандай таң каларлык ой! Сиз төрөлөгөнгө чейин эле дене-мүчөңүздүн ар бир молекуласы, сиздин жашооңуздун ар бир күнү — түйүлдүк түйүлгөндөн баштап өлгөнгө чейин — Кудайдын Өзү тарабынан ойлонулган жана чебердик менен пландаштырылган. Ал сиздин биринчи этек кир келе турган күнүңүздү белгилеген, качан жана канча жолу сиз бала түйүлө турган абалда боло турганыңызды жана сизде овуляция качан токтой турганын аныктап койгон. Ал сиздин дене-мүчөңүздө ар бир мүнөт сайын эмне болуп жатканын так билет. Кантип эле акылман, сүйүүчү Жаратуучу сиздин гормондоруңуз менен эмне болуп жатканын билбей калсын же жашооңуздун ар бир мезгилинде сиз жөнүндө кам көрө албайбы? Ал жеңил жашоону сунуш кылбайт, бирок сизге керек болгон нерсени канааттандырууну убада кылат жана ар бир этапта кыйынчылыктардан өтүү үчүн жетиштүү ырайым берет. Менопауза жана эстроген жөнүндө китептер жазылганга чейин Франциск де Сале (1567–1622) бардык жаштагы аялдар үчүн акылдуу сөз айткан: Жашоодогу өзгөрүүлөрдөн коркпогула. Андан көрө, алар келген кезде силер таандык болгон Кудай силерди азаптан куткарат деп алдыга үмүт менен карагыла. Ал силерди бүгүнкү күнгө сактап келди — демек, Анын колун бекем кармагыла, Ал силерди өмүрүңөр өткөнчө жетелеп жүрөт. А силер баса албай калган кезде, Ал силерди колуна көтөрүп алат… Бүгүн силер жөнүндө кам көргөн ошол эле түбөлүктүү Атаңар эртең да жана ар бир күнү силер үчүн кам көрөт. Ошондуктан, тынчтыкты сактагыла жана бардык акылсыз ойлорду жана элестеткен коркунучтарды калтыргыла2. Пабылдын Тессалоникалыктарга жазган биринчи катындагы сыйынуу I кылымдагы ишенгендер үчүн гана арналган эмес. Ал эркектер үчүн гана эмес. Мен бул сыйынуу аялдардын жашоосундагы бардык мезгилдер үчүн да тийиштүү деп ишенем. Бул сыйынууга болгон жооп сөзсүз келет, биз Ага ишенип, биздин муктаждыгыбызды толтурушуна жол берүүбүз керек: Тынчтыктын булагы болгон Кудай Өзү силерди толугу менен ыйык кылсын. Рухуңар, жаныңар [7] жана денеңер Теңирибиз Ыйса Машайак келгенге чейин эч кемчиликсиз, толук сакталсын. Силерди чакырып алган Кудай ишенимдүү, Ал ишке ашырат. (1 Тес. 5:23–240 ## Депрессияны алгач дары менен дарылоо керек жана /же психиатрга кайрылуу керек Мен бул бөлүмдү жазып жаткан учурда мага бир кайтаруучунун аялы телефон чалып калды. Ал күйөөсү көп жылдан бери депрессиядан чыга албай жатканы жөнүндө тынчсызданганын айтып, мени менен бөлүштү. Бул алардын никесине катуу таасир тийгизди. Сүйлөшүү убагында ал ушуга окшогон абалга кабылган көп адамдарды кызыктырган суроолорду берди: мүмкүн бул тукум кууйбу? (Анын күйөөсүнүн үй-бүлөсүндө өзүн өлтүргөн учурлар болгон.) Мүмкүн, баарынын себеби жакшы эмес ден-соолук же күйөөм колдонгон дарыбы? Бул жерде шайтан кийлигишкен жокпу? Мүмкүн, күйөөм дүрбөлөңгө түшүргөн руханий чындыкты түшүнбөйт чыгаар? Депрессия — аялдардын актуалдык маселеси, биз эркектерге караганда аны менен көбүрөөк азап тартабыз. Аялдардын депрессиясы бүгүнкү күндө Батышта мурда болуп көрбөгөндөй көп таралып кетти. Невропатологдордун оорунун алгачкы стадиясында диагноз койгонуна карабастан, аны дарылар жана психотерапия менен дарылаганына карабастан, оорулардын саны өсүп гана жатат жана бул кеселден бошонгондордун пайызы абдан төмөн. Ыйык Жазуу депрессия жана үмүт үзүү жөнүндө көп айтат жана кээде биз депрессия деп атаган оору — күнөөнүн айынан кулагандыктын негизинде азап тартып жаткан дүйнөдөгү жашоонун кача алгыс натыйжасы экенин түшүндүрөт. Пабыл Римдиктерге жазылган катынын 8-бөлүмүндө бардык жаратылган нерсе бул каргышка калган күнөөкөр дүйнөдөн толугу менен бошонууну чыдамсыздык менен күтүп, ушул жүктүн алдында «онтоп жатканын» жазат. Депрессиянын, тукум куучулуктун жана башка физиологиялык факторлордун өз ара байланышын көзөмөлдөө үчүн көптөгөн илимий жана медициналык изилдөөлөр талап кылынат. Ушул убакытка чейин көп нерселелер изилденбеген бойдон калып жатат, ар кандай дарылануунун жыйынтыгы жөнүндө бизге белгилүү болгону аз эле. Бирок биз депрессиянын физиологиялык белгилери нааразычылык, чечилбеген конфликт, жоопкерсиздик, күнөөлүү сезим, кайгы, кечирүүнү каалабагандык, ишенбестик, өз укугун ашыкча талап кылуу, ачуу жана эгоизм болгон руханий жана жандык кеселдердин жыйынтыгы экенин так билебиз. Эгер бул оорунун негизи менен күрөшпөсө, бул биздин жандык жана денелик ден-соолугубузга таасирин тийгизбей койбойт. Кээ бир учурда дары депрессиянын белгилерин бир аз басаңдатышы мүмкүн. Бирок эгер депрессиянын негизги себеби денелик оору болбосо, анда дарынын таасири убактылуу гана болот. Туура жазылган дарылар депрессиянын олуттуу формасы менен азап чегип жаткан адамга өзүнө келишине жана ал өз кеселинин себебин табуу үчүн ачык ой жүгүртүшүнө жардам бериши мүмкүн. Бирок рухтун оорусунан «куткара турган» бир да дары жок. Тилекке каршы, абдан көп адамдар көйгөйлөрүн чечүү үчүн дарыга чуркашат. Бирок эгер адам өзүнүн ички маселесин чечпесе, анда чыныгы боштондук алам деп үмүттөнбөй эле койсо болот. Мүмкүн, сиз Ыйык Китептеги көп адамдар депрессиядан азап чеккени жөнүндө билгенде таң калаттырсыз. Алардын окуялары бул оорунун кээ бир себептерин ачууга жардам берет. Мисалы, Ахап падыша аябай каалаган нерсесин ала албай калгандыктан депрессияга чөккөн. Ахаптын кошунасы ал каалаган жердин бөлүгүн сатуудан баш тарткан кезде, Ахап ачууланды жана «көңүлү чөгүп, санаага батып, үйүнө келди да, төшөгүнө тескери карап жатып алды, тамак ичкен жок» (1 Пад. 21:4). Ахаптын аялы, Изебел, анын акылсыз ойлорун жок кылууга аракет кылып, ага ошол жерди ээлегенге жардам бере турганын убада кылды. Ал айтты: «…Тур, тамак ич, кайгырба, мен сага изрейелдик Наботтун жүзүмзарын алып берем» (1 Пад. 21:7). Менин өз жашоомдогу эмоционалдык тартылыштар белгилүү бир ийгиликсиздикке болгон реакциялар болгонун мойнума алам. Жүрөгүмдүн түпкүрүндө мен ачууну сезем, бирок аны көрсөтпөйм, анан кимдир-бирөө муну байкап, Изебел Ахапка жардам бергендей, мага жардам берүүгө аракет кылаар деп үмүттөнүп, өз сезимдерди басам. Жунустун окуясы депрессия менен өзүн-өзү өлтүрүү жөнүндөгү ойлор Кудайга ачуулангандын айынан да пайда боло турганын көрсөтөт. Кудай Жунустун ою боюнча жок кылууга татыктуу болгон нинебиликтерди жок кылбай койгон кезде «Жунус буга абдан капа болуп, аябай туталанды. Ал Теңирге сыйынып, мындай деди: «…Теңир, эми менин жанымды ал, анткени жашагандан көрө, өлгөнүм артык» (Жунус 4:1–3). Кудай Жунусту ачууланганы үчүн ашкереледи: «Чыны менен эле, бул сени ушунчалык капаланттыбы?» (Жунус 4:4) [8]. Бул сүйлөшүү Жунус ага көлөкө тартуулап, анан куурап калган өсүмдүк үчүн капаланган кезде дагы кайталанды. Кудай пайгамбардын депрессиясынын себеби ошол абалда эмес, а анын Кудайдын оюна болгон анын реакциясында экенин көрсөткүсү келди. Анна такыбаа аял болгон, бирок күйөөсүнүн экинчи аялы менен болгон туура эмес мамиленин жана узакка созулган каалоосунун аткарылбагандыгынын айынан депрессияга чалдыккан. Анын такыбаа күйөөсү аны сүйгөн. Бирок, бизге белгилүү болгон себеп боюнча, Теңир Аннанын «жатынын жаап койгон». Анын төрөбөстүгүнөн улам болгон тынчсыздануулары күйөөсүнүн экинчи аялы, оңой эле боюна бүтүп, балдарды төрөгөн Пенинанын дайыма кыжырдантканы көбөйткөн: Теңир Аннага бала бербегени үчүн, күндөшү аны дайыма капа кылып, аны наалыганга түртчү. Ал жыл сайын Теңирдин үйүнө барганда, ушундай болчу. Пенина Аннаны ыза кылчу, ал ыйлап, тамак жечү эмес. (1 Шем. 1:6–7) Биз болуп жаткан абалда Кудайдын колун байкабаган кезде жана Аны менен талашып-тартышканда, эмоционалдык жактан да, руханий жактан да алсыз болуп калабыз. Дөөт падышанын жашоосу кээде биздин депрессиябыздын себеби өзүбүздүн жеке күнөөбүз, кээде биздин күнөөкөр дүйнөбүздө качып кете албай турган жөн гана оору боло турганы көрсөтөт. 31-забур Бат-Шеба менен болгон күнөөсү жана Урийди өлтүргөндүгү үчүн тобо кылган Дөөттүн денелик жана жандык кыйналуусун сүрөттөйт: Мен унчукпай койгондуктан, ар күнү кыйнала берип, денем алсырап калды. Анткени менин үстүмдөгү колуң күндүр-түндүр кыйнады. Кургакчылык убагындагыдай, өң-түстөн кеттим. (Заб. 31:3–4) Бирок дайыма эле Дөөттүн өз күнөөсү аны депрессига чалдыктырган эмес. Анын өмүрүндө ар кандай убакыттарда кыйын учур келген, бул анын күнөөөсү менен түздөн-түз байланыштуу болгон эмес. Ал өзүнүн кайгырганын көп забурларда сүрөттөйт. …Мени тыңша, мага кулак сал. Кайгыдан кыйналып онтоп жатам… <…> Жүрөгүм титиреп жатат, мени өлүм коркунучу каптады. Мени коркунуч менен калтырак басты, үрөйдү учурган коркунуч каптады. …көзүмдүн жашы мен үчүн күнү-түнү нан ордуна болгон. (Заб. 54:3, 5–6; 41:4) Дөөт ага жашоо жараат алып келген кезде Кудайды жардамга чакырганды үйрөнгөн. Ал чындыкты кайталоо керектигин, өзүнө оор суроолорду берип, Кудайдын мүнөзүн түшүнүү менен сооронууну түшүнгөн: Жаным, эмнеге чөгүп, эмнеге онтоп жатасың? Кудайга таян, анткени мен Аны — Куткаруучумду, Кудайымды дагы даңктайм. Жаным кыйналып, мен Сени Иордан жеринен, Хермондон, Митсар тоосунан эстеп жатам… <…> Күндүз Теңир Өзүнүн ырайымын көрсөтөт, түн ичинде мен Ага ыр арнаймын… (Заб. 41:6–7, 9) Доктор Мартин Ллойд-Джонс бул аяттарды өзүнүн «Руханий депрессия» деген китебинде, кыйналып жаткандарга кайрылуу менен колдонгон: Сиз өз жаныңызга айтышыңыз керек: «Сен эмнеге кайгырып жатасың? Эмне сени кыйнап, сенин тынчыңды алып жатат?» Сиз өзүңүзгө мындай кеңеш беришиңиз керек: наалыбастан, арызданбастан «Теңирге таян». Сиз өзүңүзгө Кудай жөнүндө, Анын табияты жөнүндө, Кудай сиз үчүн эмне кылганы жөнүндө жана эмнелерди убада бергени жөнүндө эскертишиңиз керек3. Жакыптын катынын акыркы бөлүмүндө депрессиядан азап чегип жаткан адамдарга практикалык кеңеш берилген үзүндү бар: Ким кыйналып жатса, ал сыйынсын. Ким кубанып жатса, ал Кудайды даңктап ырдасын. Ким ооруп жатса, ал Жыйын башчыларын чакыртсын. Алар аны Теңирдин атынан зайтун майы менен майлап, ал үчүн сыйынышсын. Ишеним менен сыйынганда, оорулуу айыгат, Теңир аны бутуна тургузат. Эгерде оорулуу күнөө кылган болсо, күнөөлөрү кечирилет. Ошондуктан айыгышыңар үчүн, бири-бириңерге күнөөлөрүңөрдү ачык айтып, бири-бириңер үчүн сыйынгыла. Адил адамдын күчтүү сыйынуусу көп нерсени аткара алат. (Жкп. 5:13–16) Эң алгач бул жерде айтылат, биздин сезимдерибиз же абалыбыз кандай гана болбосун, биз жардам сурап Теңирге кайрылышыбыз керек. Биз гүлдөп жатабызбы же азап чегип жатабызбы, бактылуубузбу же кайгылуубузбу, сак-саламатпызбы же оорулубузбу — дайыма биринчи кадам Кудайдын катышуусун сезүү болушу керек. Кудайдан кыйын абалда биз менен болушун жана ошол абалдан чыгуу үчүн бизге керектүү нерсенин баары менен камсыз кылышын сурашыбыз керек. Бирок көп эле учурда биз Теңир жөнүндө узак убакыт эстебейбиз. Эгер биз ооруну сезсек, анда сооронучту издөө менен ошол замат оорудан айыгуу үчүн материалдык булактарга кайрылабыз. Акырында, Ыйык Китепти ачып, тизелеп отуруп, «жандын караңгы түнүндө» Кудай эмне дей турганын угууга караганда, бизди уга турган жана кошо кайгыра турган курбубузга коңгуроо кылуу жеңилирээк. Өзүбүздүн күнөөкөр табиятыбызды четке кагып, Рухта жашоону чечкенден көрө, оорубузду соргоктуктун жана уйкунун аркасына жашырып коюу бир кыйла оңой. Өзүбүздү моюн сундуруп, Кудайдан жана адамдардан кыжыр кайноо үчүн кечиримди издегендин ордуна, өз сезимибизди телевизордун үнү менен басып салуу жеңил. Пайда болгон көйгөйдүн себеби мүмкүн бул биздин нааразычылыгыбыз, талап кылуучулугубуз же катуу таарынычтыр, бул жөнүндө Кудайдан сураганга караганда, депрессиядан кутулта турган популярдуу дарынын кезектеги кутусун сатып алуу жеңил. Дүйнөлүк каражаттар бир аз жеңилдик алып келиши мүмкүн, бирок баары бир алар жетишсиз, алардын таасири тез эле түгөнөт. Ушул учурда биздин тереңдеги талаптарыбызды бир гана «сооронучтун булагы болгон Кудай» канааттандырат. Мен калган бардык каражаттар күнөөлүү деп айткан жокмун. Мектепке чейинки эки баласы жана жаңы төрөлгөн баласы бар жаш энеге жөн гана уйкусун кандыруу керек. Кээде биз өзүбүздү жакшы сезүүбүздү тамактануудагы өзгөрүү жакшыртат, өз кезегинде эмоционалдык жана жандык абалыбыздын жакшы болушуна өбөлгө түзөт. Депрессиянын кээ бир белгилерин денелик көнүгүүлөр менен алсыздандырууга болот. Бизди досторубуз сооротушу мүмкүн, өзгөчө алар бизге чындыкты эскертсе. Дарыгер депрессиянын айынан пайда болгон ооруну таап, аны айыктырышы мүмкүн. Бирок жандык жана руханий маселелерди чечүү үчүн адистерге жана дарыларга кайрылуу төмөнкүдөй нерселерге алып келет: миллиондогон аялдардын көңүлдөрү калат, акчасыз калат, кереги жок дарыларды ичишет жана баштагы абалына караганда дагы жаман абалда калышат. Анан Жакып айтат, талкаланган жүрөктүн айыгуу процессинде маанилүү ролду Машайактын Денеси — жыйын ойнойт. Акыркы бир нече жылдын ичинде бир гана «адистер» ар кандай эмоционалдык же психикалык бузулуулардан жапа чеккен адамдарга жардам бере алат деп кабыл алына баштады. Кээ бир кайтаруучулар да өздөрүн ушундай адамдарга жардам берүү үчүн компетенттүү эмесмин деп сезишет, а ошондуктан аларды профессионалдуу психологдорго, психиатр же психотерапевттерге жөнөтөт. Албетте, эгер алардын кеңештери Кудайдын Сөзүнө жана Анын осуяттарына негизделген болсо, бул профессионалдуу даярдалган адамдар пайдасыз дегендик эмес. Бирок келгиле Кудай Машайактын Денесин кайгырган, муктаж болгон адамдарга кызмат кылуу үчүн дайындаганын унутпайлы. Биз Кудайдын Сөзү менен кыйналып жаткан адамдардын жарааттарын «дарылоону» үйрөнүшүбүз керек. Демек, Жакып айтат, эгер сиз азап чегип жатсаңыз, эгер сиздин жаныңыз ооруп жатса, Машайактын Денеси Ыйсанын аты менен, ырайымда сизге кызмат кылганга жол бериңиз. Сиз сыйынгандан кийин, демилгени өз колуңузга алыңыз жана өз муктаждыгыңыз жөнүндө досторуңузга — өзгөчө сиздин руханий жетекчиңизге айтыңыз, — алардын сиз үчүн сыйынышын сураныңыз. Сиздин эмоционалдык алсыздыгыңыз же ооруңуз үчүн себеп болгон күнөөңүз үчүн тобо кылыңыз жана Машайактын Денесинин алдында жоопкерчилик алыңыз. Сөз биздин эмоциялар жөнүндө болуп жатканда, биз өзгөрүлбөс камаарабаган маанай машайакчылык жашоонун акыркы максаты эмес экендигин эстешибиз керек. Кудай Анын аркасынан ээрчигендер бардык «терс» эмоциялардан кутулат деп убада бербейт. Тескерисинче, жердеги денебизде биз канчалык көп жашаган сайын, биздин жолубузда ошончолук оорулар жана кыйынчылыктар көп кездешет. Кийинки бөлүмдө биз жашообузда баары «жакшы» болушуна умтулбастан, а Кудайды даңктоого жана Анын куткаруучу ою аткарылышына тоскоол болбогонго аракет кылуубуз керектигин көрөбүз. Калган бардык нерсе өтүп кетет. Чыныгы кубаныч ушул максатты ишенимдүү сактоодо гана. # ЖАЛГАНГА КАРШЫ ЧЫНДЫКТЫ КОЙ ЖАЛГАН 32. ЭГЕР МЕН БИР НЕРСЕНИ СЕЗИП ЖАТСАМ, ДЕМЕК БУЛ ЧЫНДЫК ЧЫНДЫК • Менин сезимдериме дайыма эле ишенүүгө болбойт. Көп учурда алар реалдуулуктан алыс жана мени жөн гана алдап коюшу мүмкүн. • Мен чындыкка дал кебеген бардык сезимдерди чечкиндүү түрдө четке кагышым керек. ЖАЛГАН 33. МЕН ӨЗ СЕЗИМДЕРИМДИ БАШКАРА АЛБАЙМ ЧЫНДЫК • Менин эмоцияларым мени башкарбашы керек. • Мен чындыктын үстүнөн ой жүгүртүүгө чечим чыгара алам, бардык ойлорду чындыкка тил алыш үчүн туткундап , Кудай менин сезимдеримди башкаруусуна жол бере алам.. ЖАЛГАН 34. ДЕНЕДЕ ГОРМОНАЛДЫК ӨЗГӨРҮҮ БОЛГОН КЕЗДЕ, МЕН ӨЗҮМӨ ЖООП БЕРЕ АЛБАЙМ ЧЫНДЫК • Кудайдын ырайымы менен мен сезимдеримден көз карандысыз, өз алдымча Ага тил алууга чечим чыгара алам. • Күнөөлүү иштерге, адамдарга туура эмес жана орой мамиле жасоого актануу жок. • Менин жашоомдогу (денелик жана эмоционалдык) циклдер мени жараткан, мен үчүн кам көргөн жана менин өмүрүм жөнүндө баарыын билген Кудайдын көзөмөлүндө. ЖАЛГАН 35. ДЕПРЕССИЯНЫ АЛГАЧ ДАРЫ МЕНЕН ДАРЫЛОО КЕРЕК ЖАНА/ЖЕ ПСИХИАТРГА КАЙРЫЛУУ КЕРЕК ЧЫНДЫК • Депрессиянын денелик жана эмоционалдык белгилери чечиш керек болгон руханий маселелердин негизинде болушу ыктымал . • Эгер менин депрессиям денелик алсыздык менен байланышы жок болсо, анда дарылар мени азаптан узакка куткара албайт. • Мен дайыма өзүмдү жакшы сезишим керек деген мыйзам жок. Сезимдеримден көз карандысыз мен Кудайга ыраазычылык келтирип, Ага тил алып жана элге кызмат кыла алам . • Кудайдын ырайымы, Ыйык Рух, Сөз, Анын убадалары, Машайактын Денеси — баары толугу менен биздин эмоционалдык талаптарыбызга жооп бере алат. # ПРАКТИКАЛЫК КОЛДОНУУ 1. Кудай менен МАКУЛ БОЛУҢУЗ. Сезимдер жөнүндө кандай жалганга ишенчү элеңиз? 2. Жоопкерчиликти өзүңүзгө АЛЫҢЫЗ. Бул жалганга болгон ишеним сиздин жашоо образыңызга (сиздин мамилеңизге жана иш-аракеттериңизге) кандай таасир тийгизди? 3. Чындыкты ЖАРЫЯЛАҢЫЗ. Жогоруда келтирилген чындыктардын ар бирин үн чыгарып окуңуз. Алардан кайсынысы бүгүн сиз үчүн өзгөчө маанилүү? Өз акылыңызды Кудайдын Сөзү менен жаңылаңыз. Төмөнкү үзүндүлөрдү үн чыгарып окуңуз. Бул аяттар сиздин эмоцияларыңызды башкаруу жөнүндө эмне сунуш кылат? Флп. 4:4–8 Кол. 3:1–4 Ыш. 26:3–4 Ыш. 50:10 4. Чындыктын негизинде ИШ ЖАСАҢЫЗ. Сиздин жашооңуз чындыкка туура келиши үчүн кандай кадамдарды жасашыңыз керек? 5. Чындыкта жүрүш үчүн Кудайдан сизге жардам беришин СУРАНЫҢЫЗ. Ата, сезимдерди белек кылып бергениңиз үчүн рахмат. Ыракаттануу алганга жана жакшы нерсеге кубанганга, ал тургай ооруну сезгенге мүмкүнчүлүк бергениңиз үчүн да рахмат. Мен күнөөкөр дүйнөдө оорудан кача албай турганыбызды түшүнөм. Мен көп учурда өз сезимдерим чындыкка дал келе турганы жөнүндө ойлонбостон эле, аларга ишенүүнү артык көргөнүм үчүн тобо кылам. Мен көп кезде Сенин Сөзүң жана Рухуң менен эмес, өз сезимдеримдин жана сырткы абалдын жетегинде жүрөм. Менин сезимдеримден көз карандысыз Сенин чындыгың абсолюттук жана өзгөрбөс бойдон кала турганы үчүн рахмат. Оору жана көз жаштын, дүрбөлөң жана жоготуунун арасында да Сага ишенүүгө жардам бер! Мен сезген нерселерге карабай, Сага тил алганга жардам бер. Эгер мен өз көңүлүмдү жана ойлорумду Сага бурсам, бардык абалда Сен убада кылган тынчтык үчүн рахмат. Ыйсанын ысмынан. Омийин. # ТОГУЗУНЧУ БӨЛҮМ. ЖАШООДОГУ ЖАГДАЙЛАР ЖӨНҮНДӨ… АЯЛДАР ИШЕНГЕН ЖАЛГАН Кымбаттуу күндөлүк,! Эмне деген гана жыл болду! Кабылдын неберелеринин бирөө курулушта атасы менен чогуу иштеп жатып, чоң бийиктиктен кулап кетиптир. Кыязы, ал оор жаракат алган болуу керек. Мындан башка эч нерсе биле албадык, анткени Кабыл жана анын үй-бүлөсү менен анча мамилебиз жок. Биздин мамилебиз дагы эле жакшы эмес — өткөндү эстегенде мен абдан капа болом. Бул жылы түшүм абдан начар болду. Бизди багыш үчүн Адамга өтө көп эмгектенүүгө туура келет. Ал үйгө өтө чарчап келип, биз менен сүйлөшкөнгө, үйдө кол кабыш кылганга дарманы келбей калат. Мен ага бул убакыттын ичинде чыныгы жөлөк болуп келдим деп айтууну каалар элем, бирок менин өзүмдүн көйгөйлөрүм болду — менин бардыгына күчүм жетпей калды, дагы төрт балам алиге чейин биз менен чогуу жашайт. Биздин жашообуз — бүтпөгөн баш аламандык. Кантип күйөө, балдар, неберелер, үй чарбасы менен алпурушуп, андан тышкары өзүңө дагы убакыт калсын? Кээде мен ушунчалык чарчайм да, баары менен уруша баштайм. Мен үчүн уят, бирок ачуумду балдардан жана Адамдан чыгарам. Адам экөөбүз көптөн бери чогуу эс ала элекпиз. Бир жакка качып кетип, аз болсо да эс алып алсам деп кандай гана эңсейм. Балким, бул баарыбызга пайдалуу болмок. Бир нерсени өзгөртүүгө мезгил жетти. Бул «өтө үрөй учура турган күндөрдүн бири» эле. Силерде дагы ушундай — эч нерсе ордунан чыкпаган күндөр болгондур. Балким, силер бул жөнүндө Джудит Ворсттун «Alexander and the Horrible, No Good, Very Bad Day» («Александр жана үрөй учурган, беймаза, баш аламан күн») деген китебинен окуган чыгарсыңар. Мен оозума сагызды салган боюнча уктап калыптырмын, мына эми, ал менин чачыма жабышкан, ал эми бүгүн эртең менен керебеттен туруп, байкабастан скейтбордду басып алдым, андан кийин свитеримди кран ачылып турганда раковинага түшүрүп алдым. …Ошол замат, мен бүгүн үрөй учурган, беймаза, баш аламан күн болорун түшүндүм 1. Ал туура айтып жатат. Александр мектепте үрөй учурган күндү өткөрдү, эч пайдасыз тиш доктурга жана бут кийим дүкөнүнө барып келди. Бул али башталышы гана. Түшкү тамакка фасоль болду, а мен фасолду жаман көрөм. Телевизордо өбүшүп атышыптыр, а мен өбүшкөндөрдү жаман көрөм. Ваннадагы суу өтө ысык экен, самын көзүмө кирип кетти, өзүмдүн пижамамды кийүүгө туура келди. Аны жаман көрөм. Мен уктаганы жатканда, Ник өзү мага белек кылган жаздыгымды тартып алды, анан дагы, Микки Маустун сүрөтү бар түнкү лампа күйүп кетти, дагы тилимди тиштеп алдым. Мышык мени менен эмес, Энтони менен уктоону каалады. Бул үрөй учурган, беймаза, баш аламан күн болду 2. Бул капа болгон баланы, күн аяктаганда, үшкүрүнүп туруп: «Чоңойсом эле, дароо Австралияга кетем!» — деп, чечим чыгаргандыгы үчүн ким күнөөлөй алат?3 Мындай нерсе башынан өткөн жалгыз гана Александр эмес. Кыязы, бардыгыбызда Кудай бизди эч ким жашабаган аралга алып барып коюшун каалаган учурларыбыз болгондур! Так ушул тууралуу бир жолу забурчу ырдады эле. Ага бардыгы каршы болгондой көрүнгөн, бул адам чыдагыстай эле: «Ким мага көгүчкөндүкүндөй канат берет? Мен учуп чыгып, тынч алар элем. …Куюндан, бороондон жашынганга шашылар элем». (Заб. 54:7, 9) Кудай жерди жаратканда, Ал аны карады да: «Жакшы» — деп айтты. Бүткүл аалам, эң майда молекуладан баштап, абдан зор галактикага чейин идеалдуу тартипте болуп турган. Дүйнөдө толук гармония өкүм сүргөн. Дүрбөлөң, оору, конфликттер, көңүл калуулар болгон эмес. Адам менен Обо идеалдуу дүйнөдө жашоо менен ыракаттанышкан. Алардын биринчи үйүнө атүгүл Марта Стюарт [9] да суктанмак. Бардыгы эң сонун болгон. Эч нерсени ремонттоонун кереги жок эле. Эч ким эч жакка кечикчү эмес, чарчаган жана кыжырданган эмес. Эч ким карызга баткан эмес, кыйналган эмес, ооруган жана өлгөн эмес. Эч ким таарынган эмес жана таарынткан эмес, эч ким эч ким менен соттошкон эмес. Врачтарга, адвокаттарга, психологдорго, же сексопатологдорго муктаждык жок эле. Бирок мунун баары, Обо шайтандын жалганын угуп, аны менен макул болгондо өзгөрдү. Мурда өзүнүн жемиштерин дилгирлик менен берип турган жерди, эми, кандайдыр бир тамак өстүрүш үчүн, отоо чөптөрдөн жана тикенектерден тазалоого, маңдай тери менен иштетүүгө туура келди. Балдарды төрөө — аялдын кубанычы, өмүрүнүн табигый бөлүгү катары дайындалса, эми ал толгоону жана ооруну башынан өткөрө турган болду. Отоо чөптөр жана балдарды ооруп төрөөдөн тышкары, адамдардын жашоосунда төмөнкүлөр пайда болду: коркунуч, уят жана күнөөлүү сезим; көңүл калуу; чыр-чатак жана соттошуулар; көз жаш жана нервдин бузулуусу; зордук жана кылмышкерлик;катуу бороондор, суу каптоолор жана жер титирөөлөр; жакырчылык, ачкачылык, расизм жана согуштар; артрит жана рак. Дүйнөгө кирген калп, өзүнүн артынан белгилүү натыйжаларды алып келди. Стакандагы сууга түшкөн бир тамчы боек сууну бүтүндөй боегон сыяктуу, күнөө адамдардын өмүрүн жана жашоо чөйрөсүн «булгады». Көпчүлүк адамдар, алгачкы күнөөдөн кийин сөзсүз боло турган, өздөрүнүн турмушундагы жагдайлар жана азап чегүүлөр жөнүндөгү жалганга ишенип алып, көңүл калууга, ачууланууга жана үмүтсүздүккө туш болушат. ## Эгерде турмушумдагы кыйынчылыктар болбогондо, мен башкача адам болмокмун Менин эсимде, мындан көп жыл мурда, эки жашар баласы жана бир жаштагы эгиздери бар жаш эне мага даттанды эле: «Бул эгиздер төрөлгөнгө чейин, мен чыдамкай адам элем!» Бул аял жер үстүндөгү көпчүлүк адамдар сыяктуу эле, турмуштагы жагдайлар бизди калыптайт деп ишенчү. Иштин баары оор жагдайларда, дал ошолор биздин жаман мүнөзүбүз үчүн күнөөлүү деп эсептөө — бул жаңылыштык. Балким, мен сыяктуу эле, силер дагы: «ал мени жетчү чегиме жеткирди!» — деп айткандырсыңар. Ал эми чындыгында силер: «Дегинкиси, мен ак көңүл, назик, сүйгөн, Рухка толгон, токтоо аялмын. Бирок… ал ушундай нерсени жасады, силер ишенбейсиңер!» — дейсиңер. Биз айтабыз: «Менин балам фенге суу куйбаганда, конок үйдөгү мебелге ак май менен сүрөт тартып салбаганда, мен өзүмдү жоготуп коймок эмесмин!» Же болбосо: «Эгерде ата-энем мени бала чагымда дайыма урушпаганда, мени санда жок адамсың деп ынандырбаганда, менин никем бактылуу болмок». Же болбосо: «Эгерде күйөөм менден башка аялга качып кетпегенде, мен мынчалык бактысыз болмок эмесмин». Биз: «Менин мындай болуп калгандыгым үчүн адамдар жана жагдайлар күнөөлүү», — деп айтып жаткандайбыз. Биз эгерде жашоо шарттарыбыз башкача болгондо (тарбия, курчаган адамдар), биз өзүбүз дагы башка адамдар болмокпуз деп ойлойбуз. Биз азыркыга караганда чыдамкайыраак, сүйгөн, канааттанган адамдар болмокпуз жана биз менен жашоо жеңилирээк болмок. Эгерде бардыгына жагдайлар күнөөлүү болсо, анда биз курмандыкпыз. Дал ушуга душман бизди ынандыргысы келет. Ал эми курмандык болсок, биз өзүбүздүн кылык-жоругубузга жооп бербейбиз — биз өзүбүздү өзгөртө албайбыз да. Бирок Кудай айтат, биз — башкалардын күнөөлөрүнө эмес, өзүбүздүн аларга карата болгон реакциябызга жана өзүбүздүн жашообуз үчүн жоопкерчиликтүүбүз. Чындыгында, жагдайлар бизди өзгөртпөйт. Алар тек гана биздин чыныгы жүзүбүздү ачат. Баягы айласы кеткен эне өзүнүн мурда эле чыдамсыз болгондугун билген эмес. Кудай ага чыныгы мазмуну ачыкка чыга тургандай, ал өзгөрө тургандай шарт түзгөнгө чейин, ал муну баамдаган жок. Душман бизди жашоо шарты өзгөргөндө гана өзгөрө аласыңар деп ынандырат. Анан биз «Эгерде …болсо…» деген оюнду баштайбыз: Эгерде биз көчпөй койгон болсок… Эгерде ата-энебизге жакын жашаган болсок… Эгерде үйүбүз чоңураак болсо (шкафтар көбүрөөк, орун көбүрөөк)… Эгерде биздин акчабыз көбүрөөк болсо… Эгерде күйөөм азыраак иштеген болсо… Эгерде мен күйөөгө тийген болсом… Эгерде мен күйөөгө тийбеген болсом… Эгерде мен башка бирөөгө тийген болсом… Эгерде менин балдарым болсо… Эгерде менин мынча балам болбогон болсо… Эгерде мен баламды жоготуп албаган болсом… Эгерде менин күйөөм мамиле түзө алган болсо… Эгерде менин күйөөм руханий лидер болсо… Башкача жагдайлар түзүлгөндө, биз бактылуу болмокпуз деп өзүбүз алданабыз. Бирок азыркы кырдаалда биз бактысыз болсок, анда дегинкиси бактылуу боло албастырбыз. Элүү жашка келгенде, XIX кылымда жашаган жазуучу аял Элизабет Прентисс күйөөсү жаңы жумушка орношконун, эми алар Нью-Йорктон Чикагого көчүүгө туура келерин билди. Башка жакка көчүү — бардык достору менен коштошууну жана өз ден соолугуна коркунуч келтирүүнү билдирип турду. Курбусуна жазган катында ал мындай деген: Биз Кудайдын эркин гана билгибиз келет… Өткөн кышта башыбыздан өткөн окуялар — адамдын жашап жаткан жери жана абалы анын бактысына таасирин тийгизбейт деген тыянакка алып келди. Биз хан сарайда бактысыз болушубуз мүмкүн, ал эми жер тамда ыракаттанып жашашыбыз мүмкүн. Балким, бул азап биз жолоочу жана келгиндер экендигибизди эстеп жүрүшүбүз үчүн берилип жаткандыр 4. Джордж Вашингтондун аялы Марта, ушундай эле көз карашты өзүнүн курбусу Мерси Уорренге билдирген: Мен кайсы абалда болбосун, кубанычтуу жана бактылуу болгонго аракет кылам. Анткени, биздин бактылуулугубуздун же бактысыздыгыбыздын себеби жагдайларга караганда, рухубуздун абалынан көз каранды экендигин билдим. Биздин жан-дилибизде тигил да, бул да үрөндөр себилген 5. Элчи Пабыл кандай гана жагдайлар болбосун, кубанып, ыраазычылык менен ийгиликтүү эмгектене ала тургандыгын түшүнгөн, анткени анын кубанычы жана аман-эсендиги Кудайдын сүйүүсү менен ишенимдүүлүгүнөн келген. Ошондуктан Пабыл мындай деп айта алган: …себеби болгонуна ыраазы болууга үйрөнгөм: жокчулукта да, молчулукта да жашай алам. Мен бардыгына үйрөнгөм: ачкачылыкка да, токчулукка да, барга да, жокко да көнгөм. (Флп.4:11–12) Пабыл биз дайыма эле турмуштагы жагдайларга таасир кыла албасыбызды түшүнгөн, бирок жагдайлар дагы бизди сөзсүз башкарууга тийиш эмес. Биз акылман, бизди сүйгөн, кудуреттүү, биздин жашообузда кандай кыйынчылык болсо да, оңдоп берүүгө жөндөмдүү Кудайга баарын ишенип тапшыра алабыз. Кубаныч, тынчтык жана стабилдүүлүк — ар бир окуя биздин турмушубузга келгенге чейин, Кудайдын түбөлүк оюнун бөлүгү катарында, Анын бизди сүйгөн колдорунан өтөөрүнө болгон ишенимдин жемиши. ## Мен азап тартууга тийиш эмесмин Көп замандаш насаат айтуучулар күнөөкөрлөргө — Ыйсага келер замат чексиз тынчтык, кубаныч, асмандагы үй жана бул жашоодогу өркүндөө келет деп убада кылышат. Шакирттикке, айкаш жыгачты көтөрүүгө болгон чакырыктан ажыраган мындай окуу — өмүр салгылашына катышкысы келбеген, бошоң, эрксиз «шакирттердин» муунун пайда кылды. Алардын жолунда сөзсүз келе турган сыноолор жолукканда, даттанып, ыйлактап, анан качып жөнөшөт. Бизди: «азап чегүүлөрүбүздүн жөнү жок жана биз аларды көтөрүүгө милдеттүү эмеспиз», — деп ишендирип, душман бизди Кудайга таарынып, Анын жеткилең эркине жана айткан сөзүнө каршы чыгууга мажбурлайт. Бирок Ыйса Теңир жана аны ээрчиген элчилер бизди айкаш жыгачыбызды көтөрүүгө чакырышкан. Бул согушка болгон чакырык эле, азап тартууга болгон чакырык эле. Элчи Пабыл ар бир ишенген адамдын жолундагы сөзсүз боло турган тоскоолдук — бул кыйынчылыктар деп окуткан: «Кудайдын Падышачылыгына көптөгөн кыйынчылыктар аркылуу киришибиз керек» (Элч. иш. 14:22). Кытайда коммунисттер бийликке келгенде, Артур Мэтьюз ал жерде миссионер эле (1938-жылдан 1949-жылга чейин). Ал ошол жылдардагы Кытайдагы акыркы миссионерлердин бири эле. Төрт жылга созулган үй камагынан кийин аялы жана кызы менен чогуу 1953-жылы Кытайдан чыгып кетти. Анын китептеринде кайгыда дагы өзүнөн баш тартып, Кудайдын артынан ээрчүүгө болгон чечкиндүүлүгү жана даярдыгы чагылдырылып турат: Биз жагдайларды — алар биздин пландарыбызга жана ыңгайлуу шарттарыбызга кандай таасир бергенине жараша баалайбыз. Ошонун негизинде, биз чечим кабыл алабыз. Биздин алдыбызда көйгөй пайда болгондо Кудайга чуркайбыз, бирок болуп жаткан нерсеге Анын көз карашы кандай экендигин билүү үчүн эмес — бизди жагымсыз кырдаалдардан куткарышын сураш үчүн 6. Эгерде биз Кудайга ишенип тапшырбасак жана Анын жакшы каалоолоруна ишенбесек, анда сөзсүз кыйынчылыктарга каршы болобуз. Бирок, XVII кылымдагы пуритандык жазуучу Уильям Лоу бизди ынандыргандай, биз азап тартууларды — ыйыкталууга алып баруучу жана Кудайга мурдагыдан артык жакындатуучу жол катары, кубаныч менен кабыл алуу керек: Ар бир бактысыздыкты, көңүл калууну, ооруну, ыңгайсыздыкты, азгырууну, караңгылыкты жана жалгыздыкты — Өзүн четке кагып, кыйналган Куткаруучуга жакын болууну сезүү үчүн берилген баталуу мүмкүнчүлүк катары, кубаныч менен кабыл ал 7. Кудай биздин учурдагы убактылуу бактыбызга караганда, биздин ыйыктыгыбызга көбүрөөк умтулат. Ал биз ыйык болбосок, эч качан чындап бактылуу боло албасыбызды билет. Кыйынчылыктарсыз ыйык болуу мүмкүн эмес. Ыйса Өзү дагы, жер үстүндө жүргөндө, түшүнө алгыс жол менен «…азап чегүүлөр аркылуу…» акырына чыгарды (Эвр.2:10) жана Ал Кудайдын Уулу болгонуна карабастан, азап чегүү аркылуу моюн сунууга үйрөндү» (Эвр.5:8). Биз Ыйсага окшош болгубуз келет деп айтабыз, бирок буга жетиштин жалгыз мүмкүнчүлүгүнөн баш тартабыз. Жаңы Келишимдин бардык авторлору биздин жашообузда ыйыкталуунун жана куткарылуунун жемиши кыйынчылыктарсыз пайда болушу мүмкүн эмес деп билишчү. Петир, атүгүл, кыйынчылыктарды көтөрүү — тандалган ыйыктардын же азап тарткандардын гана эмес, ар бир Кудайдын баласынын, биздин чакырыгыбыз экенин айтат: «Анткени силер ушуга чакырылгансыңар. Себеби Машайак да биз үчүн азап тарткан. Анын изи менен басышыбыз үчүн, Ал бизге үлгү калтырып кеткен» (1 Пет. 2:21). Чыныгы кубаныч — азаптын жоктугунда эмес, Ыйса Теңирдин биздин азап чегүүбүздө ыйыктаган, колдогон катышуусунда. Бул процесс күндөр, жумалар, айлар жана бүтүндөй жылдар бою уланышы мүмкүн, бирок Анын бизге берген убадасы бар: Бизди Машайак Ыйса аркылуу Өзүнүн түбөлүк даңкына чакырып алган жана ырайымдын булагы болгон Кудай бир аз убакыт азап тартканыңардан кийин, силерди Өзү жеткилең, бекем, кайраттуу жана туруктуу кылат. (1 Пет. 5:10) ## Менин жашоом эч качан өзгөрбөйт — бул азаптар чеги жок улана берет Бул жалган көп аялдарды үмүтсүздүктүн жана айла түгөнүүнүн зынданына жаап коет. Бирок сиздин азабыңыз, денелик кыйналуубу, зордукту эске түшүрүүбү, кыйынчылыктуу никеби, же жолунан адашкан бала аркылуу келген капабы, көпкө созулушу мүмкүн, бирок түбөлүккө эмес. Биз Теңирди көргөн убакта капалуу нерсенин бардыгы унутулат. Бир нече күн мурда бир аял телефон чалып, менден кеңеш сурады: анын никесинде кыйынчылыктар пайда болуптур. Анын үйүндө качан тынчтык болгонун эстей албайт жана өзгөрүүлөр болот деп ишене да албайт. Бул таң калыштуу аялдын айтканы мага абдан таасир берди: «Эгерде бул өмүр бою улана берсе, эмне кылайын, коркунучтуу эч нерсе жок. Убакыттын кыска экендигин мен билем, ал эми түбөлүктүктүн чеги жок. Бир убакта бүт өмүрүбүз бизге экрандагы кичинекей так болуп көрүнүп калат». Ал тагдырына баш ийген адам катары айткан жок. Ал бардыгы өзгөрүшүн каалайт, бирок, бул абалга түбөлүктүктүн көз карашы аркылуу карап жатат, мындай көз караш от аркылуу тазалануу алып жатканда дагы, ишенимдүү бойдон калууга ага жардам берип жатат. Башка аял конференциядан кийин мага келип: «Мен сизге жубайга болгон шартсыз берилгендик жөнүндө айткандарыңыз үчүн ыраазымын», — деди. Андан кийин мага өзүнүн тарыхын айтып берди. Ал кырк жылдан бери абдан начар адамдын аялы. Ал мындай деди: «Бүт жылдар бою, машайакчылар дагы, мага аны менен ажырашкын деп кеңеш беришти. Бирок кандайдыр жолдор менен Кудай мени дайыма үйлөнүү тоюнда мен берген антка кайра алып келип жатты, мындан улам, мен күйөөмдөн кетүүгө укугум жок экендигин түшүнүп жаттым. Бир аз унчукпай туруп, мындай деп улантты: «Мен күткөндүгүм үчүн кубанычтамын. Көрсөңүз, бир жыл мурда акыры күйөөм тобо кылды жана Кудай аны өзгөртүп жатат. Бул дагы аягы эмес, — деди ал көз жашы менен, — сиз бул кыйынчылыктар мени кандайча өзгөрткөнүн элестете албайсыз». Маселе — биз Жер деп аталган планетага абдан байланганыбызда, ошондуктан биздин көпчүлүгүбүзгө кырк жыл — бүтүндөй түбөлүктүүлүк болуп сезилет! Биз канчалык узак убакытка кыйналууга боло тургандыгын элестете да албайбыз. Эгерде биз кырк жыл жана андан узак убакыт — түбөлүктүктүн жарыгында эч нерсеге арзыбай тургандыгын көрө алсак кана! Ошондуктан биз көңүлүбүздү чөгөрбөйбүз… Башыбыздан өткөрүп жаткан убактылуу, анча оор эмес кыйынчылыктарыбыз түбөлүктүү даңкты эбегейсиз көп жаратат. Анткени биз көрүнгөн нерсеге эмес, көрүнбөгөн нерсеге назар салабыз. Көрүнгөн нерсе убактылуу [б.а. биздин азыркы кыйналуубуз], көрүнбөгөн нерсе [бизди күткөн түбөлүк даңк] болсо түбөлүктүү. (2 Кор. 4:16–18.) Анткени келечекте биздин ичибизде ачыла турган даңкка салыштырганда, азыркы учурда тартып жаткан азаптар эч нерсе эмес деп ойлойм. (Рим. 8:18) …Кечинде — ый, эртең менен болсо — кубаныч. (Заб. 29:6) Сиздин ыйыңыз айлар, атүгүл жылдар бою уланышы мүмкүн. Бирок сиз Кудайдын баласы болсоңуз, бул түбөлүккө улана бербейт. Кудай сиздин азабыңыздын бүтө турган убагын так белгилеп койгон, Ал зарыл деп эсептегенден бир мүнөт дагы артык созулбайт. Кудай Өзүнүн ыйык, түбөлүк максаттарына жеткенден кийин, сиздин азаптарыңыз токтотулат. Кээде жашоодо, сооронуу такыр келбей жатканда, Кудайдын Сөзү бизге — бир убакта биздин кыйналууларыбыз бүтүп, ишенимибиз көзгө көрүнүп, караңгылык жарыкка айланып, биздин ишенимдүүлүгүбүз чексиз кубанычка арзый тургандыгы жөнүндө жүздөгөн убадаларын берет. Ал убада кылат, бир эң сонун күнү… …Чөл менен какшыган жер кайрадан кубанат, эл жашабаган өлкө кайрадан сүйүнөт, нарцисс сыяктуу гүлдөйт.<…>Теңир куткаргандар кайтып келишет, Сионго кубанычтуу кыйкырык менен келишет, алардын баштарын түбөлүктүү кубаныч курчайт, алар шаттык жана кубаныч табышат, кайгы менен үшкүрүк жок болот. (Ыш. 35:1,10.) Караңгылыктын күчтөрү канчалык коюуланбасын, акыркы бөлүм эбак жазылган жана жеңиш — Кудайдыкы! Келечекке болгон ишеним бизге үмүт жана мындан ары жашаганга күч берет. ## Мен мындан ары чыдай албайм! Бул — шайтан бизди ишендиргиси келген, ал үчүн бардык күчүн жумшаган дагы бир жалган. Анткени, биз үмүтүбүздөн ажырасак, дайыма жеңилип турарыбызды билет. Бир аял жазган эле: Менин бир жашка чыгып калган эркек эгиздерим бар жана алар эки айдан бери өнөкөт болгон отит жана суук тийүү менен ооруп жатышат. Алар токтоосуз кыңкыстайт. Мен өзүмө, күйөөмө жана мени угууга даяр адамдардын баарына: мен мындан ары чыдай албайм, — деп кайталачумун. Бул жалган — алдын ала билип айткандык болду. Мен өзүмдү андан жаман сезе баштадым. Акыр аягында: «Ооба, мен буга чыдайм жана өзүмдүн милдетимди аткарам», — деп айткандан кийин, чымыркануу менен стресс иш жүзүндө жоголуп кетишти. Кээде бизге мындан ары мындай жашоо таптакыр мүмкүн эместей сезилет. Шайтандын ар бир алдоосуна каршы жеңиштин ачкычы — жалганга каршы коюлуучу чындык. Биздин эмоцияларыбызга жана кыйынчылыктарыбызга карабастан, Кудай Сөзү «Менин сага болгон ырайымым жетиштүү…» (2 Кор. 12:9) дейт. Биздин көпчүлүгүбүз бул аятты билебиз, бирок иш жүзүндө сыноолор жана турмуштук кыйын жагдайлар пайда болгондо, көпчүлүгүбүз буга ишенбейбиз. Мындан ары чыдоого мүмкүн эмес дегенге биз тезирээк ишенебиз. •Мен ооруп жаткан баланын керебетинин жанында дагы бир түн уктабай отурууну көтөрө албайм. •Мен күйөөм менен мындан ары жашай албайм. •Менин кайненем эгерде дагы бир жолу кордосо, мен чыдай албайм. •Мен үч өспүрүм жана оорукчан энем үчүн кам көрүүнү көтөрө албайм. Бирок, мен каалаймбы, жокпу — эгерде мен анын баласы болсом, «Анын мага болгон ырайымы жетиштүү». (Албетте, эгерде мен өзүм өзүмө ашыкча милдеттерди жүктөп алган болбосом. Эгерде аларды мага Кудай берген болсо, мен аларды Анын ырайымы менен аткара алам.) Анын ырайымы жашоодогу ар бир көз ирмем, ар бир кыйынчылык, ар бир иш, ар бир муктаждык жана ар бир ордунан чыкпай калган иш үчүн үчүн жетиштүү. Мен алсырап, иштеримди бүтүрө албайм деп ойлоп жатканымда, Анын мага болгон ырайымы жетиштүү. Мени жакын адамым, же коллегам кыжырдантып жатканда, Анын мага болгон ырайымы жетиштүү. Өзүмдүн ачуумду айланадагыларга чачууга азгырылууну сезгенимде, Анын мага болгон ырайымы жетиштүү. Мен ашыкча самса жеш үчүн азгырылууга даяр болуп турганымда, Анын мага болгон ырайымы жетиштүү. Мен өзүмдүн үй-бүлөмдү бузуп, өзүмдү адепсиз, атүгүл катуу алып жүрсөм, Анын мага болгон ырайымы жетиштүү. Кандай кыларды, кандай чечим кабыл аларды билбей жатсам, Анын мага болгон ырайымы жетиштүү. Менин жүрөгүм оор жоготуудан, же кайгыдан жабыркап жатса, жакын адамымдын мүрзөсүнүн жанында турган кезде, Анын мага болгон ырайымы жетиштүү. Кудайдын ырайымы эмне үчүн керек? Балаңыз Кудайдан алыстап кеттиби? Сиз катуу ооруп жатасызбы? Сизди күйөөңүз сүйбөйбү? Акчаңыз жокпу? Үч баланы атасы жок тарбиялап жатасызбы? Кийинки айда квартирага төлөө үчүн кайдан акча табууну билбей жатасызбы? Жумушуңузду жоготтуңузбу? Эми эле башка шаарга көчүп келип, ал жерде бир дагы адамды тааныбайсызбы? Сиздин жыйында бөлүнүү болуп жатабы? Сиз үмүтсүз жалгыздыктасызбы? Сизди күнөөлүү сезим кыйнап жатабы? Кандайдыр бир дарыдан көз карандысызбы? Сизде гормоналдык өзгөрүүлөр болуп жатабы? Өзүңүздүн вариантыңызды кошуп жазыңыз. Учурда кандай абалда болсоңуз дагы, Анын сизге болгон ырайымы жетиштүү. Анын мүмкүнчүлүктөрү чексиз, аларга — сиздин муктаждыгыңыздар канчалык чоң болсо дагы, жол ачык. Бул чындык. Чындык аркылуу сиз эркиндик аласыз. Кымбаттуу Кудайдын баласы, сенин Атаң сени эч качан Анын ырайымы колдобой турган жерге алып барбайт. Ал эч качан сага Анын ырайымы сени менен чогуу көтөрө тургандан артык оорчулукту жүктөбөйт. Жол абдан узак сезилип жатканда, туруктуу бол. Көздөрүңдү асманга көтөр. Бардык кыйналуулар токтотула турган күн келе тургандыгын эсиңе сал. Качан сен Анын алдында турганыңда, Анын даңкынын жарыгында бул жашоонун бардык көз жаштарынын жана кайгыларынын өңү өчөт. Сен сөзсүз: «Анын укмуштуудай ырайымы мени үйүмө алып келди,» — деп айтасың. ## Эң маанилүү — бул менмин! Менин столумда эки жарнама кулактандыруусу жатат: бирөө — канцелярдык буюмдарды жасап чыгаруучу ири компанияныкы, экинчиси — дүкөндөр тармагыныкы. Бул кулактандырууларда мындай сөздөр бар: Эң маанилүү — бул сиз! Бул философия — дүйнө кандай эски болсо, ошондой эле эски. Дал ошол жылан Обого айткан: «Эң маанилүү — бул сенсиң». Ошондон бери ушундай көз караштын негизинде рекламалык кампанияларды түзүп келе жатышат. Бир жазуучу мындай деп жазган: «адамдардын көпчүлүгү өздөрүн дүйнөдөгү эң зор адаммын деп эсептешет. Алардын өмүрү «мен» деген темадагы чеги жок вариациялардан турат». Бул чындык. Өзүн-өзү төмөн баалоо жөнүндөгү бардык сөздөргө карабастан, инстинкттин негизинде биздин жашообуз өзүбүздүн тегерегибизде айланат. Бул мага кандай таасир берет? Мен бактылуу боло аламбы? Эмне үчүн бул нерсе менин жашоомдо болду? Ал мен жөнүндө эмне деп ойлойт? Азыр менин кезегим. Кайда менин үлүшүм? Менин эмне деп ойлоп жаткандыгым эч кимдин тынчын албайт. Ал менин сезимимди кордоду. Өзүмө көңүл бурууга убакыт келди. Мени жайыма коюшсунчу. Ал менин муктаждыктарымды этибар албайт. Бизге өзүбүздүн ааламыбыздын борбору болуу жетишсиздик кылат. Биз башкалардын бардыгынын, анын ичинде Кудайдын дагы, ааламдарынын борбору болгубуз келет. Качан башка адамдар биздин алдыбызда баштарын ийип, өздөрүнүн өмүрүн биздин бактыбызды табыш үчүн, биздин муктаждыктарыбызды канаттандыруу үчүн арнашпаса, биз аларга таарынабыз да, өздөрүбүздүн өзүмчүл максаттарыбызга жетүү үчүн башка мүмкүнчүлүктөрдү издей баштайбыз. Жыйын — бардыгы адамдын тегерегинде эмес, Кудайдын тегерегинде айланган жер деп ойлогум келет. Бирок, дайыма эле мындай боло бербейт. Доктор Ларри Крабб өзүнүн «Кудайды табуу» («Finding God») деп аталган китебинде инжилдик жыйын мындай азгырууга кандайча берилип кеткендигин терең анализдеген. Жыйындын азыркы учурдагы негизги миссиясы — адамдарга өздөрүн сүйүктүү жана керектүү адам катары сезүүгө жардам берүү болуп жатат. Биз, өзүбүздү четке кагуу; Кудайга кызмат кылуу үчүн көп нерседен баш тартуу аркылуу Кудайга баш ийүүнү үйрөнбөй жатабыз. Биз өзүбүздү көрсөтүүгө, оор эске түшүрүүлөрдөн арылууга, туура эмес көз карандылыктардан бошонууга, депрессиядан чыгууга, өзүбүзгө баа берүүбүздү жогорулатууга, адамдар менен мамиле түзүүдө чек кое билүүгө, өзүбүздү сүйүүгө үйрөнүп жатабыз, бирок өзүбүздү четке кагууга үйрөнгөн жокпуз. Биз өзүбүз үчүн уялгандын ордуна, өзүбүздү кабыл алууга жана шыктандырууга үйрөнүп жатабыз. Адамдарды кайгыдан арылтуу — жыйын үчүн уламдан-улам баалуу иш болуп бара жатат. Бул кооптуу тенденция… Биз, көйгөйлөр аркылуу келип жаткан кайгынын коштоосу менен — Кудайдын мүнөзүн жана оюн тереңдеп түшүнгөндүн ордуна, ошол кайгыны жеңилдетүүгө умтулабыз. Биз үчүн өзүн жакшы сезүү — Кудайды издегенге караганда маанилүү болуп калды. Натыйжада, биз Ыйык Китептеги, өзүбүздү сүйүктүүбүз деп сезүүгө жардам берүүчү ойлорду кабыл алабыз, Ыйык Китептеги бизди бир тепкич жогору көтөрүлүүгө чакырган аяттарды эске албайбыз. Биз Кудайдын кун төлөгөн курмандыгы тууралуу укмуштуудай чындыктарды жана Машайактын алдындагы биздин абалыбызды — өзүбүздү кечирүүгө жана ардактоого айлантып жатабыз. Биз чындыкты көрбөйбүз, ушунчалык ырайымдуу болгондуктан, Өзүн жек көргөн адамдарды сүйгөн Кудай жөнүндөгү өтө күчтүү аяндарды көрбөйбүз; баарынан жогору даңазалоого татыктуу Кудай жөнүндөгү чындыкты көрбөй жатабыз. …Биз чындыктардын ордун алмаштырып салдык, эми Кудай даңазалоого татыктуу, анткени, Ал бизди урматтады. «Козу татыктуу» деп, Анын укмуштуудай ырайымына жооп кылып эмес, Ал бизге абдан баалуу нерсе: өзүбүзгө жагууга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ырдайбыз. Эми биз Кудайга караганда көбүрөөк мааниге ээбиз9. Элчи Пабыл Кудай биз үчүн эмес, тескерисинче, биз — Кудай үчүн экендигибизди түшүнгөн: …Анткени асмандагы жана жердеги көрүнгөн жана көрүнбөгөн бардык нерселер: тактылар да, үстөмдүк кылуучулар да, башкаруучулар да, бийликтегилер да Ал аркылуу жаратылган, бардык нерсе Ал аркылуу жана Ал үчүн жаратылган. Ал бардык нерседен мурун бар болчу жана бардык нерсе Ал аркылуу бар болуп турат. Ал — Өзүнүн Денеси болуп эсептелген Жыйындын башчысы. Ал — бардыгынын башталышы, бардык нерседе биринчи болуш үчүн, Ал өлгөндөрдүн арасынан биринчи болуп тирилген. (Кол. 1:16–18) Эмне үчүн Пабыл римдик түрмөдө болгондо Кудайга даңктоо ырдай алды? Кантип ал аны таш бараңга алганда, кеме кырсыгына учураганда, достору ага жалаа жаап, четке какканда ишенимдүү бойдон калып, «дайыма кубанды»? Кантип ал ачка болгондо, чарчаганда «дайыма кубанды»? Аны сыры: ал бир жолу, акырына чейин, өз алдына максат койгон. Ал өзүнүн жыргалчылыгы үчүн, же өзүн ыраазы кылыш үчүн жашаган жок. Дамаскка бараткан жолдогу Кудайга келген учурунан баштап, ал бир гана каалоо менен жалындап келген — Кудайдын даңкы жана кубанычы үчүн жашоо. Ал үчүн Машайакты таануу жана Ал жөнүндө айланадагыларга күбөлөндүрүү гана маанилүү болгон. Бирок мен эч нерсеге карабаймын жана өз өмүрүмдү эч аябаймын, алдымда турган жарышты жана Теңир Ыйса тапшырган кызматты — Кудайдын ырайымы жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратуу ишин кубаныч менен аягына чыгарсам эле болду. (Элч. иш.20:24) Пабылдын девизи: «Мен үчүн өмүр — Машайак» эле. Качан ал мындай чечимди кабыл алганда, башка нерселердин бардыгы эми мурдагыдай маанилүү болбой калган. Coram Deo Coram Deo — латын тилинен которгондо «Кудайдын бет алдында» деп которулат. Көп жылдар мурда, бир аял мага картина белек кылган эле, анда кандайдыр бир текст жазылуу болчу. Бул биздин Жаратуучубуздун эрки менен жашоо деген эмне экендиги жөнүндө кыска, бирок сыйымдуу эскертүү эле: CORAM DEO Кудайдын катышуусунда, Кудайдын бийлиги астында жана Кудайдын даңкы үчүн жашоо. Мен бул бөлүмдү «Coram Deo» боюнча жашаган үч аялдын тарыхы аркылуу бүтүрүүнү каалайм. Синди өзүнүн тарыхын узун кат аркылуу айтып берди. Ал күйөөгө он сегиз жашында чыккан, жыйырмага келгенде ал үч балалуу болуп калган эле. Бала кезинде эле чөмүлдүрүү алса дагы, Синди Ыйса Машайак менен бетме-бет мамиледе болуу эмне экендигин билген эмес. Ал отуз жаштан өткөндө, энеси ооруканада рактын айынан өлүм алдында жаткан эле, ал жерден Синди гедеондук Ыйык Китепти таап алып, Теңирден катуу үн менен жардам сурады. «Ошол учурдан баштап, — деп жазат ал, — мен бир гана нерсени — Кудайды таанууну кааладым». Кийинки жылдардын ичинде анын никеси жана үй-бүлөлүк жашоосу уламдан-улам татаалдана берди. Ал зордуктун жана уятсыз сөздөрдүн бузук айлампасында калды. Анын он төрт жаштагы кызы үйдөн качып кетти, ал эми эки уулунун бирде полиция менен, бирде мектеп менен маселелери пайда боло берди. Бир күнү Синди өзүнүн күйөөсүнөн ажырашуу максатында эки жумага кетти, бирок Кудай аны күйөөсүнүн азабын бөлүшүүгө үйрөттү, анан ал үйүнө кайтып келди. Үй-бүлөдөгү көйгөйлөр улана берди, ал эми Синди алыс эмес жерде жайгашкан жыйынга бара баштады, ал жерден Кудайдын сүйүүсү тууралуу жана Ыйса күнөөкөрлөрдү куткаруу үчүн өлгөндүгү жөнүндө Жакшы кабарды укту. Өзүнүн жүрөгүн Машайакка берди. Үйдөгү абал оордой берди. Анын балдары таптакыр башкаруудан чыгып кетишти. Кызы акыр аягында көчөдө калып, ошентип бир жыл жашады, анткени, бир күнү атасы аны үйгө киргизбей койгон эле. Анан ал күйөөгө чыгып, беш балалуу болду, эми жыйырма беш жыл никеде болгондон кийин, ал ажырашып жатат. Анын атасы кызы менен сүйлөшкөнгө чыгынбай койду. Ал азыркыга чейин, бир дагы жолу өзүнүн неберелери жана чөбөрөлөрүн көрө элек. Уулдарынын бирөө уят болуп, армиядагы кызматтан четтетилген жана түрмөдө төрт жыл өткөрдү; атасы андан баш тартты, алар көп жылдан бери көрүшө элек. Башка уулу баңгиге кул болуп, ал дагы армиядан уят болуп четтетилген. Ал адам өлтүрүп, жыйырма бир жыл өмүрүн түрмөдө өткөрдү. Ал түрмөдөн тобо кылган болсо дагы, руханий суроолорго эч кандай кызыгуусу байкалбайт. Катынын аягында Синди өзүнүн жакындарынын руханий муктаждыктары жөнүндө жана өзүнүн үй-бүлөдөгү ролу жөнүндө мындайча ой жүгүртөт: Биздин үйдө Ыйсанын туулган күнүн дагы, Ыраазычылык күнүн дагы майрамдашпайт. Менин үй-бүлөм качандыр бир убакта руханий жана эмоциялык тараптан саламаттыкта болобу? Бул жөнүндө Кудай гана билет. Бирок Ал менин жашоомдун Кожоюну, Ал мени үй-бүлөм үчүн тирүү күбөлөндүрүү жана жарык катары колдонуп жаткандыгына ишенем. Эгерде аларга Кудайдын укмуштуудай ырайымы тууралуу чындыкты мен көрсөтпөсөм, ким көрсөтөт? Кандайдыр бир эч ким жашабаган, кубаныч менен тынчтык өкүм сүргөн аралга качып кетиш оңой болот эле. Бирок Кудай мени, бул жерде болуп, Ага ишенбеген күйөөмө жана балдарыма кызмат кылууга милдеттүү деп чечти. Текеберчилиги бир күнү пайдасыз болуп каларын, Машайак менен бетме-бет жолуга тургандыгын күйөөмдүн көрүшүнө кантип жардам берсе болот? Кызыма Кудайдын шартсыз сүйүүсү тууралуу чындыкты кантип көрсөтсө болот? Түрмөдөн чыккандан кийин, Кудайдан алыстап кеткен улуу уулума кантип жардам берсе болот? Күйөөмдүн кызы жана экинчи уулу менен жарашуусуна кантип жардам кылса болот? — Мындай укмушту Кудайдын күчү, акылмандуулугу жана сүйүүсү гана ишке ашыра алат! Мен бүт жан-дилим менен: «Ооба, Кудай! Сен эмнени кааласаң, ошону жаса!» — деп жооп берем. Дженни Томпсон — жаш аял, анын күйөөсү лейкемия оорусу менен эки жыл күрөшкөндөн кийин Теңирге кеткен. Анын колунда төрт бала калды — бардыгы жети жаштан кичүү. Күйөөсү өлгөндөн кийин үч айдан кийин жесир аялдын жазган катында, Кудайдын мүнөзүн жана оюн терең түшүнгөндүгү айкын көрүнүп турат: Бул убакыттын ичинде, Теңир Өзүнүн ишенимдүүлүгү менен бизди колдоп келди. Мен бул жолду өзүм жана балдарым үчүн эч качан тандабайт элем, бирок, бул жагдайларда биз бардыгы башкача болгондо биле албай турган нерселерди үйрөндүк. Кудай бардык башкача түзүлгөн шарттарда даңктала тургандан артык даңкталды, ошол үчүн мен Аны даңктоого тийишмин. Кудайдын максаты — мени «бактылуу» кылуу эмес, биздин Жаратуучубуз жана кудуреттүү Кудай катары, Өзүнө таандык даңкты кабыл алуу. Биздин бактыбыз — негизги маселе эмес. Негизгиси — биздин Анын оюн жана эркин аткаруубуз. Ошондуктан гана мен өзүмдүн жакшы досумдун, күйөөмдүн жана балдарымдын атасынын мүрзөсүндө ыйлап, ошого карабастан бактылуу боло алам. 1998-жылдын күзүндө менин кымбаттуу курбум жана эчактан берки сыйынуудагы шеригим Дженис Гриссон колдорунун манжаларында талуу жана сайгылашуу пайда болгонун байкады, ал андан ары бүт колуна тарады. 1999 — жылдын башында врач ага Шарко оорусу өнүгүп жатканын айтты. Дженис анда кырк эки жашта эле жана ал төрт жаштан он эки жашка чейинки төрт баланын энеси эле. Андан кийинки он айдын ичинде оору анын алсырап бара жаткан денесинин бир жагына, андан кийин экинчи жагына тарады. Бул айларда Дженис өзүнүн абалы жөнүндө сүйлөшкүсү келген жок. Ар качан, менин үнүмдү угуп, ал: «Нэнси, мен сен тууралуу абдан көп ойлондум! Сен үчүн кандай сыйынайын?» Ошол эле жылдын октябрында мен Джениске жана анын күйөөсүнө, алар ал учурда жашап жаткан Литтл-Рокко келдим. Бул убакта ал коляскада отуруп калган — ал колун да, бутун да кыймылдата албай калган эле, өтө кыйынчылык менен сүйлөчү, анткени, өпкөлөрү жарым-жартылай иштебей калган эле. Кайрадан мени бул үй-бүлөнүн өздөрүнүн кайгысына карабастан, Кудайга ыклас койгондугу терең толкундантты. Менин эсимде, Дженис кайра-кайра: «Кудай бизге абдан батасын берди!» — деп кайталап айтты. Кеч киргенде, биз анын коляскасын тегеректеп, сыйындык, андан кийин анын сүйүктүү гимнин ырдадык: Кудайдын жеткилең дүйнөсү дарыя сыяктуу… Эгерде биз Аны карасак, анда жүрөгүбүз кубанычка толот, — Биз Кудайда тынчтык табабыз, Ал убада кылгандай…10 Кийинки жумада Дженистин ден соолугунун абалы кескин начарлай баштады. Ал эми тамакты жута албай калды, аны ооруканага жаткырышты. Ошол боюнча ал үйүнө кайра келген жок. Он үчүнчү декабрдын кечинде анын күйөөсүнө алардын абалы кандай экендигин билүү үчүн телефон чалдым. Анын күчү калбай калган экен, шыбырап гана сүйлөй алат эле. «Бирок эң таң калыштуусу, — деп айтты Тим, — ал дээрлик тынымсыз башка адамдар үчүн сыйынууда болду». Бир нече сааттан кийин, Дженис акыркы жолу дем алып, Теңирге узап кетти. Дженис Гриссон — жашоодо дагы, өлүм жолунда дагы өзүн өзү унутуп, Кудайды жана адамдарды сүйдү. Ал эч качан өзүнүн ден соолугун, комфортту, келечегин маанилүү деп эсептеген эмес. Маанилүүсү — дайыма Кудай болгон. Ал Кудайды кантип өз жашоосунун бардык жагдайларында даңктоо жөнүндө гана ойлоду. Анын жалгыз каалоосу элчи Пабылдын каалоосу эле: «Машайак менин денем аркылуу ар дайым даңкталып келгендей, мындан ары да, жашасам да, өлсөм да даңкталат деп, кайраттуулук менен айта алам» (Флп. 1:20). Кайтаруучунун аялы жана белгилүү жазуучу Сьюзан Хант айтат: Адамзаттын бүт тарыхы — кун төлөөнүн тарыхы. Мен кун төлөө тууралуу пьесанын негизги каарманы эмесмин. Мен негизги эмесмин. Бирок Кудайдын ырайымы менен мен бул пьесанын катышуучусу болуп калдым. Пьесанын барагына менин сюжеттик сызыгым жазылып жатат. Анда кичинекей ролду ойноо — жеке өзүңдүн арзыбас оюнуңдун жылдызы болгонго караганда баалуу. Бул тамыры түбөлүктүккө кете турган ааламдын тарыхы. Мен өзүмдүн ролумду ыраазычылык жана кубаныч менен ойноймбу, же жеке өзүмдүн кыска, барксыз, чындап келгенде маанисиз пьесамды тандаймбы?11 Чындык — сиз пьесанын негизги каарманы эмес экендигиңизде. Мен дагы. Негизги каарман — Ал. Чындык, балким, сиздин жашооңуздун жагдайларын дароо азыр өзгөртпөс чыгар, бирок ал сизди өзгөртөт. Чындык сизди эркиндикке чыгарат. # ЖАЛГАНГА КАРШЫ ЧЫНДЫКТЫ КОЙ ЖАЛГАН 36.Эгерде турмушумдагы кыйынчылыктар болбогондо, мен башкача адам болмокмун. ЧЫНДЫК •Жагдайлар мени калыптандырбайт, алар болгону менин анык жүзүмдү ачат. •Мен азыркы учурдагы жашоомо ыраазы болбосом, анда мен эч качан, эч нерсеге ыраазы болбойм. •Балким, мен өзүмдүн жашоомдогу жагдайларды көзөмөлдөй алармын, бирок алар мага тааасир бербеши керек. •Ар бир кыйынчылыкты Кудай менин жашоомо Өзүнүн колу менен алып келет. ЖАЛГАН 37.Мен азап тартууга тийиш эмесмин. ЧЫНДЫК •Азап тартууларсыз ыйык болуш мүмкүн эмес. Азаптардан өтмөйүнчө, биздин жашообузда кун төлөгөн курмандыктын жемиши болбойт. •Биз азап тартууга чакырылганбыз. •Чыныгы кубаныч, бул — кайгынын жок экендиги эмес, а бизге кыйын болгондо, Ыйса Теңирдин бизге жакын болушу. •Кыйналуу — ыйыкталууга карай жол, Кудай менен жакын болуунун жолу. ЖАЛГАН 38.Менин жашоом эч качан өзгөрбөйт — бул азаптар чеги жок улана берет. ЧЫНДЫК •Менин кыйналуум узакка созулушу мүмкүн, бирок түбөлүккө эмес. •Мага кайгы алып келген жагдайлар Кудай Өзүнүн максатына жеткенде, дароо токтотулат. •Бир убакта кайгы, азап, көз жаш түбөлүккө жок болушат. ЖАЛГАН 39.Мен мындан ары чыдай албайм! ЧЫНДЫК •Кандай гана жагдайлар болбосун, Анын ырайымы мен үчүн жетиштүү. •Кудай эч качан мага Анын ырайымынан артык сыноолорду бербейт. ЖАЛГАН 40.Эң маанилүү — бул менмин. ЧЫНДЫК •Кудай — бардык нерсенин башталышы, аягы жана борбору. Бардыгын Ал жараткан жана Ал үчүн жараткан. Ал — кун төлөө тууралуу пьесанын негизги каарманы! •Менин өмүрүм негизги мааниге ээ эмес. Мен Кудайга кубаныч тартуулоо жана Аны даңктоого жаралгам. # ПРАКТИКАЛЫК КОЛДОНУУ 1. Кудай менен МАКУЛ БОЛУҢУЗ. Жашоодогу жагдайлар жана кыйынчылыктар жөнүндө кандай жалганга ишенчү элеңиз? 2. Жоопкерчиликти өзүңүзгө АЛЫҢЫЗ. Бул жалганга болгон ишеним сиздин жашоо образыңызга (сиздин мамилеңизге жана иш-аракеттериңизге) кандай таасир тийгизди? 3. Чындыкты ЖАРЫЯЛАҢЫЗ. Төмөндө келтирилген чындыктардын ар бирин үн чыгарып окуңуз. Алардын кайсынысы азыр сиз үчүн актуалдуу? Өз акылыңызды Кудайдын Сөзү менен жаңылаңыз. Төмөнкү үзүндүлөрдү үн чыгарып окуңуз. Кантип бул аяттар сизге кыйын, кайгылуу жагдайларды кабыл алууга үйрөтөт? Бул көйгөйлөргө Кудай кандай көз караш менен карайт? Флп. 4:11–13 Жкп. 1:2–5 2 Кор. 4:16–18 2 Кор. 12:7–10 Эвр. 12:2–11 Аян 21:4–6 4. Чындыктын негизинде ИШ ЖАСАҢЫЗ. Сиздин жашооңуз чындыкка туура келиши үчүн кандай кадамдарды жасашыңыз керек? 5. Чындыкта жүрүш үчүн Кудайдан сизге жардам беришин СУРАНЫҢЫЗ. Менин улуу Кайтаруучум, болуп жаткан нерселерге карабастан, Сен менин Кудайым болуп кала бергендигиң үчүн мен Сага кандай гана ыраазымын, Сен мурдагыдай эле мага ырайымдуусуң жана Өзүңдүн тактыңдан түшпөйсүң. Сыноолор жана кыйынчылыктар аркылуу мени Сага таянууга үйрөтөсүң, мени өзүңдүн бейнеңе окшош кылып түзөсүң, менин ишенимимди жана бул дүйнөдө Сени даңктоого болгон жөндөмүмдү бекемдейсиң, бул үчүн рахмат. Бул айкаш жыгачты кабыл алгандын ордуна, Сага таарынып, каршылык көрсөтүп жана кыйынчылыктардан качып кетким келгендигим үчүн мени кечирчи. Сен мени эч качан калтырбагандыгың жана таштабагандыгың үчүн рахмат. Менин жашоомдогу бардык окуялар Сенин бизди сүйгөн колдоруңдан өткөндүгү үчүн рахмат. Сага өзүмдүн келечегимди ишенип тапшыруума жардам бер. Өзүм жана өзүмдүн кыйынчылыктарым жөнүндө чектен ашык кам көргөндүгүмдөн мени бошот. Көйгөйлөргө болгон менин реакциям Сенин ырайымыңдын улуулугун көрсөтсүн. Бардык кайгы, азаптарды бир учурда алып таштай тургандыгың жөнүндөгү Сенин убадаң үчүн Сага рахмат. Ошол бактылуу күнгө чейин Сени сүйүп, ишенип жана даңктоомо Мага жардам бер. Ыйсанын ысмынан. Оомийин. # III БӨЛҮK. ЧЫНДЫКТА ЖАШОО # ОНУНЧУ БӨЛҮМ. ЖАЛГАНГА КАРШЫ ЧЫНДЫК Биз бүгүнкү күндө машайакчы аялдарда кездешкен көп түрдүү жалгандарды карап көрдүк. Бирок муну менен душмандын очогу талкаланып калбайт. Жалгандын түрлөрү көп, шайтан да сизге төп келген жалганды тандап алат. Тажрыйбалуу балыкчы сыяктуу сыртынан зыянсыз көрүнгөн жана өзүнө тартып турган жем менен тузакка түшүрөт. Ага баары бир, биз эмнеге ишенсек да боло берет, биз чындыкка гана ишенбесек болду. Чындык — ал каршы чыга албай турган нерсе, чындык аны бул дүйнөнүн үстүнөн болгон бийлигинен ажыратат. Шайтандын жалганына каршы тура турган чындык жөнүндө акыркы жолу карап чыгуудан мурда, (11-бөлүм) келгиле, бул китептин эки маанилүү маңызын карап көрөлү. ЖАЛГАН БИЗДИ КУЛГА АЙЛАНДЫРАТ ЧЫНДЫК БИЗДИ ЭРКИНДИККЕ ЧЫГАРАТ Биз айтканбыз, кулчулук шайтан бизге шыбыраган жалганга кулак сала баштаганыбыздан башталат. Телевизордогу программалар, фильмдер, музыка, китеп жана журналдар аркылуу жашообузга кирип келген дүйнөлүктөрчө ой жүгүртүүдөн биз эч кандай коркунучтуу нерсени көрө албайбыз. Жалган көз караштар биздин ойлонуу образдарыбызды өзгөртүп жатканын байкабайбыз. Мына ошол үчүн Кудай «кудайсыздардын кеңешмесине барбаган, күнөөкөрлөрдүн жолунда турбаган, бузулгандардын жыйынында отурбаган…» (Заб:1:1) адамга өзгөчө батасын берерин убада кылган. Биз уруксат берерибиз менен шайтандын жалганы акылыбызга кирип алат, анан биз ал жөнүндө ой жүгүртө баштайбыз. Эгер ошол жалган ой жүгүртүүнү дароо кууп жибербесек, эртеби-кечпи биз ал жалганга ишенип калабыз. А биздин ишеничтерибиз болсо, сөзсүз ага төп келген кыймыл аракетке алып барат. Биздин кыймыл аракеттерибиздин негизинде биздин адаттарыбыз пайда болот, алар акыр аягында бизди кулчулукка алып барат. Жалганга ишенүү Кудай менен болгон адамдардын эркин мамилесин буза турганына Сандранын төмөндөгү күбөлөндүрүүсү далил боло алат. Кудай мени чын дилден сүйөрүнө жана мени кабыл аларына ишенчү эмесмин, өзүмдү санда жок киши катары сезчүмүн. Мен жеткилең болууга умтула баштадым, айланамдагылардын мактоосуна жетүү үчүн бир мүнөт дем албастан иштедим. Эгерде идеалдуу машайакчы аял болсом, Кудайга жаксам керек деп ойлодум. Эгерде мен күнөө кылсам, Ал мени кабыл албайт деп ишенчүмүн. Мен жаман машайакчы аял болдум, анткени мен күнөөсүз эмес болчумун. Менин туура эмес ой жүгүртүүм өзүмө кулчулуктан жана соттоодон башка эч нерсе алып келген жок. Менин текебердигим эки жол менен көрүндү: 1) күнөөмдү четке кактым, жеткилең боло албастыгымды моюнга алуудан корктум, Кудай мени кабыл албайт деген ойду ойлогум келбеди. 2) Дайыма жеңилип калганыма карабастан, өз күчүм менен такыбаа боло аларымдан үмүттөндүм. Ошондуктан Кудай мени кабыл аларына ишене албадым. Мен бул караңгылыктан (аракет/ жеңилүү/ күнөө/ айып) суурулуп чыга албадым, ошондуктан чыныгы кечиримди, эркиндикти жана Кудай менен баарлашуудагы кубанычты сезе алган жокмун. Айланамдагылардын мактоосуна арзыганга аракет кылдым, ошондуктан болгон күчүм менен бардыгына жагууга умтулдум. Адамдарга жагынуучу болуп калдым жана бардыгына бардык нерседе «ооба» деп жооп берчүмүн. Кудай мага адамдар менен кандай мамиледе болуумду сунуш кылаары жөнүндө аз ойлончумун, анткени жанымдагылардын мактоосу мен үчүн өзүмдү баалоонун негизги булагына айланып калган эле. Менин адамдар менен болгон мамилем чын эмес болчу, анткени эч кимдин көңүлүн калтырбаганга аракет кылчумун, конфликттен качат элем. Өзүмдүн чыныгы сезимдеримди жаап турган маска кийип жүрчүмүн, башкаларды өз кыйынчылыктарым менен кыйнагым келчү эмес. Өзүмдү абдан жалгыз сезчүмүн, анткени менин чыныгы абалымды эч ким билчү эмес, анан менде мени «колдонгон» адамдарга (ага менин жекече жүрүм-турумум себеп болуп жатса да) ачуу жана ызалык пайда болду. Мен өз кемчиликтеримди мойнума албадым. Ар бир катамды же кемчилигимди бардыгын жоготуу жана санда жок кишилигимдин далили деп эсептедим. Өз алдыма кол жеткис максаттарды койчумун жана дайыма көңүл калууга туш келчүмүн. Мен өзүмдөн абсолюттук жетишкендикти талап кылчумун, ага жетпей калганымда өзүмдү аеосуз ашкерелечүмүн. Бул абдан коркунучтуу эле. Өзүмдөн талап кылган нерселер чыдай алгыс болчу жана мен отуз жыл бою коркунучтуу депрессияда жашадым. Бир канча ай мурда кулчулукта жүргөнүмдү жана мен ишенген жалгандын бийлигинен кутулушум керек экенин түшүндүм. Бирок көп убакыт бою мен Кудайга жардам сурап кайрыла албадым, анткени өзүмдүн күнөөлүү жана алсыз экенимди мойнума алсам, Кудай мени четке кагат деп ойлочумун. Сандра конференцияга катышкан кезде жалгандын коркунучтары жана күчү жөнүндө укканда, анын жүрөгүндө жарык жангандай болду, анда биринчи жолу үмүт учкундары пайда болду. Конференция учурунда Ыйык Рух мени Кудай Сөзүн барк албагандыгым үчүн ашкереледи. Кудай Сөзү чындык, эгерде мен өз жашоомдогу шайтандын жалганын талкалагым келсе, анда ал менин бүткүл жашоомду азыктантышы керек. Бул менин жалгыз үмүтүм экенине чын жүрөктөн ишенемин. Бирок өз жүрөгүмдү жана акылымды Кудай Сөзүндөгү чындык менен толтуруп турсам, бул өтүп кетет. Мен күн сайын Кудай Сөзүн окууну жана чындык жөнүндө ой жүгүртүүнү чечтим. Акыл-эсимдин жаңылануусу узак процесс экенин жакшы билемин. Жаңыча жалган ишенимдер чыга берет, аларды Кудай Сөзү менен жеңүүгө туура келет. Мен билемин, Ыйык Жазуу укмуштуудай сонун (табияттан сырткаркы) күчкө ээ. Мен Анын каалаган жерине барам — чындык мени эркин кылат! Бул китепти окуп жатып, жалганга ишенгениңизди жана ал жалгандын үстүнө өз жашооңузду курганыңызды көрдүңүзбү? Эгерде ошондой болсо, анда сиздин жашооңузда кулчулукка айланган бир канча аймактар бар. Ал сизге маанисиздей сезилгени менен сиздин жүрөгүңүзгө терең жайгашып алган олуттуу көйгөйлөр же суроолор болушу мүмкүн. Балким сиз жашооңуздун бул аймактарын душманга берип коюп, андан кутула албай жүргөндүрсүз. А мүмкүн мындай маселелер бар экенин биринчи жолу угуп жаткандырсыз. Кандай жагдай болбосун, эркиндикке чыгарчу жолдо сиз аз дегенде үч кадамды басып өтүшүңүз керек болот: 1.Аймакты аныктаңыз/ сиздин кулчулукка айланган же күнөөлүү жүрүм-турум аймактарыңызды аныктаңыз. 2.Мунун негизинде жаткан жалганды аныктаңыз. 3.Жалганды чындык менен алмаштырыңыз. Чындык бардык жалганды жеңип чыгат. Шайтан дал ушул нерсени бизден жашырганга аракет кылат. Сиз буга ишенип калбашыңыз үчүн, ал бүт күчүн жумшайт. Сиз чындыкты таанып билер замат аракетке өтө баштайсыз, караңгылыктын эшиктери ачылат, анан сиз эркиндикке ээ болосуз. Чындык бизди эркин кылат (Жкн. 8:32 кара) жана биздин аң-сезимибизди, жүрөгүбүздү жалган ишеним менен жалган эмоциялардан коргойт. Ушундай убакыттар болот, кээде ачуу, туура эмес ой жүгүртүү, коркунуч, бардык нерсени көзөмөлдөп туруу, таарыныч мени курчап алгандай сезилет. Ошондо мен «чындыкка чуркайм», анын ичине жашынып алам. Кудай Сөзү бизге убада кылат: «…Ал сени Өзүнүн канаттары менен калкалайт, Анын канаттарынын астында коопсуз болосуң. Анын чындыгы — калкан жана коргон». (Заб.90:4; курсив меники. — Н.Д) Чындык бизди ыйыктайт — аң-сезимибизди, жүрөгүбүздү жана рухубузду тазалайт. Айкаш жыгачка кагылаардан мурда Ыйса Өзүнүн шакирттерине Кудай Сөзүнүн тазалоочу күчү жөнүндө эскерткен (Жкн. 15:3 кара). Андан эки бөлүмдөн кийин Ал минтип сыйынган: «Ата…аларды Өзүңдүн чындыгың аркылуу ыйыкта. Сенин Сөзүң — чындык» (Жкн. 17:17). Мен көбүнчө Ыйык Китепти колума алып мындай деп сыйынам: «Ата, мени Өзүңдүн Сөзүң менен жуу. Сенин Сөзүң чындык. Менин жүрөгүмдү чындык менен тазала, аң-сезимимди тазала». ## Чындыктын жолун тандап жатып Душман бизге кол салганда өз жүрөгүбүздү чындыкка толтурганды жана эмоциябыз жана акылыбыз «айткан» нерсеге карабастан чындыктын негизинде аракет кылганды үйрөнүшүбүз керек. Мен чарчоого алдырганда, алсыз болгондо, денеме жеңдиргенимде, аң-сезимим жана эмоциям жалганды кабыл алганда өзүмдү токтотом да, жалганга каршылык көрсөтө ала турган чындыкты табууга аракет кылам. Мен өзүмө чындыкты жарыялайм, кээде сыртымдан айтам, эгер керек болсо, жүрөгүмдөгү жалган чындыкка алмашканга чейин кайталай берем. Чындык боюнча аракет кылыш үчүн Кудайдан ырайым жана күч сурайм. Көп жолу чындыктын таң калыштуу күчүнүн күбөсү болдум. Ал менин ичимдеги эмоциянын бороонун басат, ойлорумду жана жашоомду ирээтке келтирет. Бир аз күн мурда мен көптөгөн жылдар бою чогулган эмоцияларымдын жарылып сыртка чыкканына күбө болдум. Бир адам мени татыксыз түрдө жемеледи, бул мага абдан катуу тийди. Мен шок болдум. Үйгө келип ыйладым, эч токтоно албадым. Бир канча саат аралыгында душман менин ойлорума жана сезимдериме баш аламандыкты сээп салды. Мен ошол кишинин туура эмес кылгандыгы жана мага канчалык катуу жараат бергени жөнүндө гана ойлоп жаттым. Таарыныч үчүн өч алуунун тамырына жүрөгүмдөн орун бердим. Кечирдим деп ойлоп жүргөн мурдагы башка эски таарынычтарды да кайра эстедим жана өзүмдү актаганга, күнөөсүздүгүмдү далилдегенге далалаттандым. Менин эмоцияларым көзөмөлдөн чыгып кетти, ачууландым жана өзүмдү аяп кеттим. Ошондо жалган ишеничтердин төмөндөгүдөй узун тизмесине ишенгенимди эми түшүндүм: •Ал каардуу адам, мага зыян келтиргиси келди. •Мен жакшы мамилеге татыктуумун жана мындай сөздү укканга милдеттүү эмесмин. •Ал киши 100% күнөөлүү болчу. Мен такыр күнөөсүзмүн. •Мен бул адамды кечире албайм. •Ал мага айыккыс жараат берди. •Биздин мамилебизди калыбына келтирүүгө мүмкүн эмес. •Ал мени ачууланганга мажбур кылды. •Менин ачууланганга акым бар. •Өзүмдү коргогонго жана башкаларга чындыкты айтууга акым бар. •Мен муну бул боюнча калтырбайм. Мен өз сезимдеримди өзгөртө албайм. Бул жалгандарга ишенүү көптөгөн сааттар бою мени дүрбөлөңгө салды жана руханий күрөшкө түрттү. Эртеси эрте менен Ыйык Китебимди ачтым да, мурдагы күнү токтогон жерден улантып окуй баштадым; Матай жазган Жакшы кабардын 5–6-бөлүмү болчу. Бул жерде мен чындык менен бетме-бет келгенге туура келди: Момундар бактылуу…<…> Ырайымдуулар бактылуу, анткени аларга да ырайым кылынат…<…> Тынчтык орнотуучулар бактылуу…<…> …Мен болсо силерге мындай деп айтамын: жамандык кылган адам менен каршылашпа; оң жаагыңа чапкан адамга сол жаагыңды тосуп бер…<…> …Душманыңарды сүйгүлө…Силерди таарынткандар үчүн жана куугунтуктагандар үчүн сыйынгыла…<…> …Эгерде силер башкалардын күнөөлөрүн кечирсеңер, анда асмандагы Атаңар да силерди кечирет. Эгерде башкалардын күнөөлөрүн кечирбесенер, анда Атаңар да силердин күнөөлөрүңөрдү кечирбейт. (Мт.5:5, 7, 9, 39,44; 6:14–15) Мен тандоо алдында турдум. Жалганга ишенейинби же чындыкты кабыл алайынбы? Мына ошондо чыныгы күрөш башталды. Мага аянычтуу болду. Мен бул таарынычты ташып жүргүм келди, ачуулангым келди, мени таарынткан адамга азап бергим келди. Бирок жүрөгүмдө мындай чечим кулчулукка гана алып келерин сезип турдум. Кудай алдында тизе бүгүп, алдымда Ыйык Китебимди ачып алып, мен чындыкты тандадым. Кечиришим керек экенин билчүмүн, мени таарынткан адамга каар сактабай, тынчтык менен кое беришим керек болчу. Кечире албастыгымды сездим, бирок билип турдум: бирок баары менин кечире албастыгымда эмес, кечирүүнү каалабагандыгымда болчу. Мен билдим, эгерде чындыкта жашагым келсе, өч алуу жана ал адамды өз сүйүүмдөн ажыратуу укугумдан баш тартышым керек болчу. Мен өзүмө чындыкты кайталай баштадым, жүрөгүмдү акылга бурдум. Өзүмө кечирбестиктин жыйынтыктары жөнүндө эскерттим, эгерде башкаларга ырайым кылбасам, ажырай турган ырайым жөнүндө, Кудайдын осуяттарына моюн сунсам ала турган баталар жөнүндө ойлодум. Мен кечирүүгө каалоо пайда болгонго чейин күтүү керек эмес экенин билип турдум, Кудайга тил алууну тандашым керек болчу; менин эмоцияларым басаңдайт. Мен тизе бүктүм, бирок ичимде дале күрөш жүрүп атты, ошондо да мен ак желекти көтөрүп чыктым. Мен Теңирге айттым: «Сен жеңдиң». Өзүмдү жана ошол кишини Теңирдин колуна тапшырдым жана мени таарынткан адамды кечирүүгө макул болдум. Бул канчалык кыйын болгонуна карабастан, кайгы менен «коштошууга» макул болдум. Эмоционалдык эркиндик дароо келе койгон жок. Бир канча күндөр бою дале таарынычты сезип жүрдүм, мурдагы сезимдериме кайтып баргым келди, же кандайдыр-бир жол менен билдирбестен өч алгым келди. Бирок Кудайдын ырайымы менен өз жүрөгүмө чындыкты айтууну кайталай бердим жана чындыкта жашай бердим. Кудай Сөзүнө тил алуу аркылуу ал адам менен мамилемди калыбына келтирүүгө жана мени таарынткан адамдын жашоосун курганга мүмкүнчүлүк издей баштадым. Кийинки жумаларда менин сезимдерим эркиме баш ийди. Өз убагы келгенде Кудай мага ошол абалды толук түшүндүрүп берди. Менин кылган реакцияма жарыгын төгүп берди, мен шектенбеген жана чечишим керек болгон жүрөгүмдөгү терең тамырлаган көйгөйлөрүмдү көрсөттү. Кудай мени жеткиликтүү сүйгөнү үчүн, менин жагдайларыма «дирижерлук» кылганы жана кездешкен маселелерди ачып көрсөткөнү үчүн Ага ыраазымын. Ыйсанын образына жакындашым үчүн бул абалды колдонгону үчүн да ыраазымын. ## Чындыктын кайрадан жаратуучу күчү Кулчулуктан бошонуу — бул чындыкты таануунун, чындыкка ишенүүнүн, чындыкка негизделген жашоо образынын таттуу жемиши. Чындыкты кантип таанып биле алабыз? Биз билишибиз керек, чындык — бул жөн гана идея же философия эмес. Чындык — бул Инсан, Теңир Ыйса Машайак. Ал Өзү жөнүндө: «Мен жол, чындык жана өмүрмүн…» деген. (Жкн. 14:6 курсив меники. — Н.Д.). Ыйса адамдарга кандайдыр-бир диний системаны окуткан эмес, Ал аларга Өзүн окуткан. Өзүн Ыйсанын шакиртимин деп эсептегендерге Ал мындай деп айткан: …эгерде Менин сөзүм боюнча жашасаңар, анда Менин чыныгы шакирттеримсиңер. Ошондо чындыкты билип каласыңар жана чындык силерди эркин кылат.<…> …Эгерде силерди уул эркин кылса, анда чындап эркин болосуңар. (Жкн. 8:31–32, 36) Чыныгы эркиндикти Теңир Ыйса менен баарлашуудан гана табууга болот. Ыйса (Кудайдын тирүү Сөзү) Өзүн Ыйык Жазууда (жазылган Кудай Сөзү) ачып берген. Эгер биз Аны билгибиз келсе, эгер биз чындыкты билгибиз келсе, анда өзүбүздү Кудай Сөзүн окууга жана үйрөнүүгө, анын үстүнөн ой жүгүртүүгө арнашыбыз керек. Муну эч нерсе менен алмаштырууга болбойт, бул жолдон чыгууга болбойт. Душман бизге дайыма жалган аркылуу чабуул жасайт. Бул жалганды жеңиш үчүн, акылыбызды жана жүрөгүбүздү Машайак менен толтурушубуз керек, Анын Сөзү менен азыктанышыбыз керек. Чындыкты таанып коюунун өзү жетишсиз. Биз чындыкка баш ийишибиз керек. Бул керектүү мезгилде ой жүгүртүү образыбызды Кудай Сөзүнө төп келгидей кылып өзгөртүү дегенди билдирет. Өзүн машайакчыбыз деп эсептеген миллиондогон адамдар, чындыгында, алданып жүрүшөт, — алар Кудай Сөзүндөгүдөй жашашпайт. Алардын жашоодогу баалуулуктары, болгон окуяларга реакция кылуусу, адамдар менен болгон мамилеси, алардын чечим жана баалуулуктары, алардын алданып жүргөнүн жана дүйнөлүктөрчө ой жүгүртөөрүн күбөлөндүрүп турат. Кайсы бир аныкталган көз караш «бардыгы ушундай ойлогондуктан», же болбосо, биз дайыма буга ишенгендиктен, же бул позицияны белгилүү машайакчы автор колдогондуктан, же муну бизге ак көңүл досубуз же руханий кам көрүүчүбүз кеңеш бергендиктен туура болуп калбайт. Биз өзүбүздүн ишеничтерибизди Кудай Сөзү менен текшеришибиз керек. Бул биздин жападан-жалгыз авторитетибиз. Чындыкка төп келген жашоо — аң-сезимдүү түрдө жалгандан баш тартып, чындыкты кабыл алуу. Мына ошондуктан забурчу минтип сыйынат: «Мени жалган жолдон алыстат… Мен чындык жолун тандап алдым… (Заб. 118: 29–30). Ар бир жолу Ыйык Жазууну ачканда, Кудай Сөзүн угуп, биздин жашообуздун кайсы жерине шайтандын жалганы жашынып алганын Кудай бизге көрсөтүп берсин деп сыйынышыбыз керек. Муну менен бирге биздин жүрөгүбүздө: «Теңир, Сенин Сөзүң чындык, Сен эмне айтсаң мен ага баш ийемин. Бул мага жакса да, жакпаса да, аны аткаргым келсе да, келбесе да, аны менен макул болсом да, болбосом да, ал мага түшүнүктүү болсо да, болбосо да, мен баары бир өз жашоомду Сенин Сөзүңө багындырууну чечтим. Мен Сага тил алам», — деген сөздөр жаңырып турушу керек. Качан биз чындыкты таанып, ал боюнча жашаганыбызда, Кудай биздин жардамыбыз менен биздин айланабыздагыларды да чындыкка алып келет. …Ал буларды адамдык амалкөйлүк жана ар кандай азгыруу ыкмасы менен адаштырган ар кандай окутуулардын шамалына айдалган, олку-солку болгон жаш балдардай болбой, тескерисинче, чындыкты сүйүү менен айтып, бардык жагынан Башчыбыз Машайакка окшошуп өсүшүбүз үчүн дайындады… <…> Мына ошондуктан жалгандан баш тартып, ар кимиңер жакыныңарга чындыкты айткыла, себеби биз бири-бирибизге мүчөбүз. (Эф. 4: 14–15, 25) Мен мурда айтып өткөндөй, аялдар чындык аркылуу эркиндикке ээ болушун абдан каалагандыктан бул китепти жаза баштадым. Бул каалоо Жакыптын катынын акыркы аяттарында кездешет: …Бир туугандарым, ким чындык жолунан четтеген адамды кайра туура жолго салса, ал билип койсун: күнөөкөрдү туура жолго салуу менен ал анын жанын өлүмдөн алып калат жана көп күнөөлөрүн жаап коет. (Жкп.5: 19–20) Биздин күндөрдө «күнөөкөрлөрдү туура жолго салуу» адамдарга таң калыштуу жана түшүнүксүз учурайт. Биздин постмодернисттик маданияттын девизи — «чыдамкайлык», мунун мааниси мындай: «Кантип жашагың келсе жашай бер, бирок мага кеңеш бербе. Менин жашоом сени кызыктырбайт». Бул жалган биздин маданиятыбызга тамырлап алганда, көптөгөн ишенгендер чындыкты кашайып ырастабай калышты, анткени чыдамсыз, чектелген адамдардын репутацияларынан коркуп калышты. Көптөгөн машайакчылардын позициясы — «өзүң жаша жана башкаларга да жашоо бер» — дүйнөгө гана эмес, чындык боюнча жашабаган ишенгендерге да тиешелүү. Алар «кайыкты термелткилери» келбейт, катуу жана кыйкымчыл адамдар тарабынан жаман атка конууну каалашпайт. Болгонун болгондой калтырып коюу жеңил сезилет. Биз билишибиз керек, Машайактын чындыгы, Анын Сөзүнүн чындыгы адамдарды эркин кылат. Жакшы Кабар деген мына ушул! Жана бул абдан маанилүү кабар. Ансыз биздин тааныштарыбыз жана жакындарыбыз караңгылыктын, жалгандын жана өлүмдүн кулчулугунан кутула албайт. Эгерде биз аларды чындап сүйсөк, сыйынуу менен аларга жашоого болгон Кудайдын көз карашын кайтарып берүүгө чечкиндүүлүк менен аракет кылабыз. Чындык биздин коомдун «көзүнө тирсек» болсо да, биз чындыкты таанып билип, ага ишенишибиз керек, ага баш ийип, ал боюнча жашашыбыз керек. Биз баатырдык менен, бекем ишеним жана кошо кайгыруу менен чындыкты жарыялашыбыз керек, күнөөкөрлөрдү жалган жолунан четтетип, чындык жолунан четтеп кеткендерди туура жолго салууга аракет кылышыбыз керек. # ОН БИРИНЧИ БӨЛҮМ. БИЗДИ ЭРКИНДИККЕ ЧЫГАРА ТУРГАН ЧЫНДЫК Бул китептин үстүнөн иштеп жатып, мен өзүм жалгандын кээ бир: «Бардык керектүү нерселерди аткарганга менин убактым жок!», «Бүгүн Кудай менен азыраак мамилелешүүгө жол бере алам», «Мен өз сезимдеримди башкара албайм», «Мен мындай кыла алам, себеби абдан чарчадым… себеби дайыма мени алагды кылышат… себеби мен көп нерсени жасаганга үлгүрүшүм керек»… «Мен эми мындай кыла албайм!» деген түрлөрүнө ишене турганымды байкадым. Шашкан кезде, кайгырган же ооруган учурда Кудай менин жүрөгүмө кайра-кайра чындыкты септи. Мен чындыкты угуп, ал жөнүндө ой жүгүртүп, ишенип жана ага баш ийгенде, Ыйык Рух мени эркиндикке чыгарат — менин сезимдерим тынчтанат, мен өз абалыма Кудайдын көз карашы менен карай алам. Мен Кудай менен канчалык узак жашаган сайын, мени ошончолук чындыктын күчү шыктандырат! Бизге шайтан ишендиргенге аракет кылган жалгандын ар кандай түрлөрүн карадык жана аларга каршы туруу үчүн чындыктарды окуп үйрөндүк. Мен бул жыйынтыктоочу бөлүмдө, менин көз карашым боюнча азыркы кездеги аялдар кабыл алуусу үчүн өзгөчө маанилүү болгон жыйырма эки чындыкты бөлүп карагым келет. Мен өзүм да аларга дайыма кайрылып турам. Алар менин акылымды, эркимди жана сезимдеримди ишенимдүү түрдө коргоп турат. Бул чындык мени эркиндикке чыгарып турат — сизди да эркиндикке чыгарат. Сиз бул бөлүмдү жөн гана барактаганды каалап жатасыз. Мен анын ордуна сизди эркиндикке чыгара турган жана сиздин жашооңузду өзгөртүүгө жөндөмдүү болгон ар бир чындыктын үстүндө ой жүгүртүүгө чакырам. Алардын ар бирин үн чыгарып окуңуз, сиздин ойлоруңуз кайрадан курулуп, Кудайдыкы менен дал келгенге чейин кайра-кайра окуп чыгыңыз. Мүмкүн, бул тизмени, ошондой эле ар бир чындыкты тастыктаган Ыйык Китептен алынган аяттарды жатка жаттап алган жакшы. Келечекте сиз кезектеги дагы бир жалганга ишенип калганыңызды байкаганыңызда, бул тизмеге кайрадан кайрылыңыз жана кайталап окуп, өз акылыңызды жаңылаңыз, өз жүрөгүңүзгө чындыкты насааттаңыз. 1. Кудай жакшы (Заб. 118:68; 135:1 кара). Күн чайыттай ачык болгон кезде, банктык эсебиңизде акча болгондо, ден-соолугуңуз чың болгондо, баары сизди кереметтүү адам деп эсептешкенде Кудайдын жакшы экенине жана боорукердигине ишенүү оңой. Бирок сиз жумушуңуздан айрылганда, сиздин сүйүктүү адамыңыз айыккыс ооруга чалдыкканда, же сиздин күйөөңүз сиз менен бир үйдө жашаганды каалабайм деп айтканда — сахнада душман пайда болот жана сизди Кудайдын жакшы экендигине шектенүүгө мажбурлайт. Бирок абалдан көз карандысыз, биздин сезимдерден жана ойлорубуздан көз карандысыз эле, Кудай жакшы жана Анын жасаган нерсесинин баары жакшы. 2. Кудай мени сүйөт жана мага жакшылык гана каалайт (Рим. 8:32; 38–39). Кудай бизди жакшы жана татыктуу адамдар болгонубуз үчүн эмес, а Ал Өзү Сүйүү болгону үчүн сүйөт. Биз Анын сүйүүсүнө татыктуу боло албайбыз. Биз Анын шартсыз сүйүүсүн түшүнө албайбыз, бирок эгер ага ишенсек жана кабыл алсак, ал биздин жашообузду өзгөртөт. Кудай жакшы жана бизди сүйөт, а демек, биз үчүн Ал пландаштырган жашоонун кубанычын сезишибизди каалайт. Ал биздин Анда гана чыныгы жана түбөлүктүү кубанычка ээ боло ала турганыбызды билет. Ал бизди ушунчалык сүйгөндүктөн, биз Ага келишибиз үчүн Өз айтканынан кайтпайт, анткени биз ошондо гана чыныгы жыргалды сезе алабыз. 3. Машайак мени толугу менен кабыл алат (Эф. 1:4–6 кара). Мүмкүн сизди ата-энеңиз, жолдошуңуз, досуңуз же балаңыз четке каккандыр. Бирок эгер сиз Машайакка ишенсеңиз, анда Ал тараптан кабыл алынасыз. Ал бизди кабыл алышы үчүн, биз аракет кылышыбыздын кереги жок. Бул үчүн бардык руханий туу чокуга жетүүнүн кереги жок. Биз Ыйык Кудайдын ырайымына эч нерсе менен татыктуу боло албайбыз. Бирок биз — кулаган, өлүмгө өкүм чыгарылган, татыксыз күнөөкөрлөр — Кудай алдында таза жана айыпсыз тура алабыз, Ал бизди кабыл алган. Эмне үчүн? Себеби Кудай Ыйсаны, таза, күнөөсүз Кудайдын Уулун кабыл алат, ал эми биз болсо Анын ичинде жашырылганбыз. 4. Бир гана Кудай менин бактымды түзө алат (Заб. 22:1 кара). «Теңир — менин Кайтаруучум, мен эч нерсеге муктаж болбойм…». Мүмкүн, сиз бул аятты бала чагыңыздан эле билеттирсиз. Бирок сиз бул чындыкка ишенесизби? Чынында эле, Ал сиздин Кайтаруучуңуз экенине ишенесизби? Анын ичинде гана бизде тынчтык жана бакыт үчүн керектүүнүн баары бар. 5. Кудайга толугу менен ишенүүгө болот (Ыш. 28:16 кара). Кудай Өз убадасына турат. Ал бизди эч качан таштабайм жана калтырбайм деп убада берген. (Эвр. 13:5 кара). Ал биздин ишенимибизди актаганга убада берген. Убак-убагы менен мен өзүмө төмөнкүнү эскертип турганга туура келет: «Кудай мени эч качан оңтойсуз абалда калтырган эмес, демек, азыр да калтырбайт». Көп жылдык күрөштөн жана азап чегүүдөн кийин Колин аттуу аял бул чындыктан сооронуч алган: Мен биринчи ирет Кудайга толугу менен ишенүүгө болот деп ишендим. Мен эркинмин, эми мен бул дүйнөдө өз ордумду издөөнүн кереги жок. Мен Анын бул дүйнөнү башкара турганын жана мени жетелеп, окутуп, коргоп жана соорото турганын жана кубаныч бере турганын билүү менен эс ала алам. 6. Кудай ката кетирбейт (Ыш. 46:10 кара). Адамдар биздин жашообузду толугу менен өзгөрткөнгө жөндөмдүү болгон олуттуу каталарды кетириши мүмкүн. Бирок Кудай дайыма Өзүнүн түбөлүктүү максатына жетет жана буга эч кандай адамдык каталар тоскоол боло албайт. Эгер биз Машайактын ичинде болсок, анда Анын колунда тынчтана алабыз. Биздин жашообузда Ал жол берген гана нерселер болот. Ал тургай Аюб ага карай шайтандын жебелери учуп, айтып бере алгыс азап чегүүнү башынан өткөрүп жаткан кезде да, Кудай бардык абалды Өз колунда кармап турган. Кудайдын кулуна тийиш үчүн, шайтанга Кудайдын Өзүнөн уруксат алганга туура келген. Биздин жашообузда жолуга турган азаптардын интенсивдүүлүгүн жана узактыгын Кудай белгилейт. Ал Өз балдарынын жашоосунда ката кетирбейт. Кимдир-бирөө айткан экен: «Кудайдын эрки — бул эгер Кудай биле турганын биз биле турган болсок, биз да тандай турган нерсе». Түбөлүктүүлүктө болгонубузда, жердеги жашообузду карайбыз, ошондо өз көзүбүз менен ушул кезге чейин ишеним менен кабыл алганыбызды көрөбүз: Ал бардыгын туура кылган. 7. Кудайдын ырайымы менде жетиштүү (2 Кор. 12:9 кара). Мен Кудайдын баласымын. Ошондуктан мен эч качан Кудайдын ырайымы жетпей кала турган жагдайларга түшүп калбайм. Кайсы жерде күнөө көбөйсө, ошнчолук ырайым төгүлөт. Менин алсыздыгымда, Ал күчтүү. Мен чаалыкканымда, Ал күчкө толо болуп турат. Мен алдан тайып жатсам, Анда күч-кубат түгөнгүс. Сиз азыр кандай гана жагдайларда болбоңуз, сизде Анын ырайымы жетиштүү. Жашооңузда эртең, бир жылдан кийин же элүү жылдан кийин сизге эмне болбосун, ошондо да Кудайдын ырайымы сизде жетиштүү болот. Өткөндөгү кыйын жана кемсинткен жашооңуздагы эскермелерди, жаракаттарды жеңүүгө Анын ырайымы жетиштүү. Анын ырайымы өмүр бою жалгыздыкта же өтө жаман адам менен элүү жыл жашаганга да жетет. Анын ырайымы төрт баланы өстүрүп жаткан жалгыз бой энелерге жетиштүү. Анын ырайымы мектепке чейинки үч баланы жана төрт өспүрүмдү өстүрүп жаткан энеге да жетиштүү. Анын ырайымы өздөрүнүн карып калган ата-энесин карап жаткан энелерге, бой жетип, өздөрүнүн үйлөрүн таштап кеткен балдардын энелери үчүн, жашоосунда олуттуу өзгөрүүлөрдү башынан кечирип жаткан аялдар үчүн, мамлекеттин эсебинен жашап жаткан жесирлер үчүн жана карылар үйүндөгү майыптар үчүн да жетиштүү. Биз чындык сөздөрдү өзүбүзгө жана бири-бирибизге кайталап турушубуз зарыл. Анын ырайымы жашообуздун ар кандай маалында жана ар кандай жагдайларында жетиштүү. Ал ырайым мага да, сизге да жетиштүү. 8. Ыйсанын каны бардык күнөөнү жабат (1 Жкн. 1:7 кара). Менин жашоомдо Ыйсанын каны жууй албаган жана кечире албаган өткөндөгү жана келечектеги бир да күнөө жок. Бул айтканым күнөөгө жеңил ойлуулук менен мамиле кылууга үндөбөстөн, тескерисинче, биздин күнөөбүз Теңирибиз Ыйсанын канын төгүлүшүн талап кылуусун түшүнүү менен, биздин рухубузду моюн сундуруп, биздеги Ыйык Рухтун күчүнө таянып, баш ийүү жолунда барууга ойготуусу керек. Забурчу күнөөнүн чоң экендигин түшүнгөн, бирок Теңирдин тобо кылган күнөөкөрлөргө ырайымы күнөөгө караганда көбүрөөк экендигин да түшүнгөн: «Теңирим, эгерде Сен мыйзамсыздыктын баарын эсиңе сактай берсең, Теңирим анда ким туруштук бере алат? Бирок Сенде кечирим бар, баары Сенин алдыңда коркуп турушсун» (Заб. 129:3–4). 9. Машайактын каны менин күнөөкөр табиятымды жеңе алат.(Рим. 6:6–7 кара). Ыйса Машайактын өлүмү жана Аны менен бир болгондугумдун себебинен, мен күнөөнүн бийлигинен бошонгом. Мен эми күнөөнүн кулу эмесмин. Эгерде мен күнөө кылсам, күнөөгө каршы тура албагандыгымдын себебинен эмес, өзүмдүн эски кожоюнума билип туруп баш ийип жатканымдан кылып жатам. Бирок, чындык деген мен күнөө кылбай кое алаарым жөнүндө айтат (Рим. 6:14 кара). 10. Менин өткөн жашоом мага оору алып келбеши керек. (1 Кор. 6:9–11 кара). Өткөн караңгы жашоосу болгон ишенгендерге Пабылдын ушул жөнүндө айткан сөздөрүн аябай жактырам. Ал аларга күнөө чындыгында бизди Кудайдан алыстатаары жөнүндө эстетет, бирок анан Машайак атүгүл эң үмүтсүз күнөөкөрдү да тазалап, жаңылай алат деп ишендирет. Же эмне, адилетсиздердин Кудайдын Падышачылыгын мурастабай тургандыгын билбейсиңерби? Алданбагыла! Ойноштук кылуучулар да, бутка табынуучулар да, нике бузуучулар да, аял жандуулар да, бачабаздар да, уурулар да, дүнүйөкорлор да, аракечтер да, ушакчылар да, талап-тоноочулар да, Кудайдын Падышачылыгын мурасташпайт. Айрымдарыңар ушундай адамдар элеңер. Бирок Теңирибиз Ыйса Машайактын ысымынын урматына Кудайыбыздын Руху аркылуу жуулдуңар, ыйыкталдыңар жана акталдыңар. (1 Кор. 6: 9–11) Мүмкүн өткөн жашооңузда сиз жолдошуңузга кыянат кылгандырсыз, киши өлтүргөндүрсүз, аракеч же аял жандуу болгондурсуз. Мүмкүн сиз бойдон алдыргандырсыз же ойнош ойногондурсуз, дене кумардын, ачуунун, сугалактыктын же текебердиктин кулу болгондурсуз. Бирок, биз Ыйсада мурда ким болсок, ошол эмеспиз. Сиз башка эле адамсыз. Сиз Ыйсанын каны менен жуулгансыз, Анын ыйык иштери үчүн бөлүнүп алынгансыз жана Кудайдын көзүндө такыбаа деп жарыялангансыз. Кудайдын Сөзүнүн чындык экенине арналган конференцияга катышып жүргөндөн кийин, Лиза мага анын өткөндүн жанды кейиткен жашоосунан чындык аны кантип бошотконун жазыптыр: Бойдон алдырууга мени ойготкон ошол өзүмчүлдүктү эмне менен актаса болот? Киши өлтүргөндүгүм үчүн өзүмдү кантип кечирсе болот? Эми эч нерсени өзгөртүүго болбойт. Кудай мени тукумсуздук менен жазаласа болмок, бирок, Ал муну жасаган жок. Ал менин балдарымды оорукчан же майып болуп туулушуна жол бериши мүмкүн эле, бирок Ал анткен жок. Жыйырма жети жыл бою мен жазаланмайымча мага кечирим жок деп ойлоп жүрчүмүн. Бул конференцияда мен өзүмдүн жашоомду Теңирге бердим жана эми мен Анын кечиримин кабыл алам. Эми уят адил өкүнүүгө айланды. Ошондо, көп жыл мурда мен өзүмө эч кимди сүйбөймүн деп ант берип, жүрөгүмдү мөөрлөп алган элем. Теңир эми ошол мөөрдү өчүрдү. Эми мен дагы эркинмин. Мен эми адамдарды сүйө алам жана башкаларды мени сүйүшүнө жол берем. Бул жеңиш! Биздин өткөн жашообуз — балалыгыбыз, бизге башкалар алып келген кайгы же биз башка адамдарга берген жүрөк оорулар — мунун баары ийгиликке жетүүгө тоскоол болбошу керек. Теңирдин ырайымы менен бул атүгүл жеңишке, жемиштүү жашоого жетүүдө кийинки кадам боло алат. 11. Кудайдын Сөзү мени жетектей алат, мени окутуп, айыктыра алат. (Заб. 18:8; 106:20; 118:105 кара). Көптөгөн ишенгендер азыр Кудайдын Сөзүнүн күчүнө, жашоону таптакыр жана биротоло өзгөртүп жиберүү жөндөмдүлүгүнө, адамдарды кулдуктан чыгарып жана Теңирдин эркин ачып беришине ишенимин жоготушту. Ыйык Жазуу — башка жол калбай калганда гана чындыктын көптөгөн булактарынын бири катары же акыркы каражат болуп саналат. Чындыгында, Кудайдын Сөзү тирүү жана иштейт, ал биздин кыйналган жүрөктөрүбүздү айыктырат жана чарчап-таалыккан жан-дүйнөбүзгө тынчтык алып келет. Ал жолдорубузга жарык болот. Биздин муктаждыгыбыз, жагдайлар кандай болбосун, Кудайдын Сөзү биздин талаптарыбызды канаатаандырууга кудурети жетет. Ошондой эле, ал биздин сүйүктүүлөрүбүзгө жана жакындарыбызга жардам бере алат. Кыйналган адамдар биздин ойлорубуз менен сунуштарыбызга муктаж эмес. Аларга Кудай эмне деп сүйлөйт, ошону билиши керек. Алар Анын буйруктарын, убадаларын жана Анын жолдорун билүүлөрү зарыл. Эгерде биз адамдарга чынында жардам берүүнү кааласак, анда аларга чындыкты көрсөтүшүбүз керек, анан сыйынууда, аларды сүйүү менен окутуп, Кудайдын Сөзүн так бир жагдайда колдонгонду үйрөтүү керек. 12. Ыйык Рух Кудай эмнени буйруган болсо, ошону аткарууга жардам берет. (1 Тес. 5:24, Флп. 2:13 кара). Кудай бизди ырайым берилбеген бир нерсени аткаруубузду буйрубайт, ошондуктан биз Ага таянышыбыз керек. Бул деген муну билдирет: •Биз кечире албаган адам жок (Мк. 11:25 кара); •Биз сүйө албаган адам жок (Мт. 5:44 кара); •Биз баары үчүн Ага ыраазы боло алабыз (1 Тес. 5:18 кара); •Биз бардык жагдайларда ток боло алабыз (Эвр. 13:5 кара). Көйгөй биздин Кудайды уга албашыбызда эмес, же биздин көңүлүбүдү катуу ооруткан ата-энелерибизди кечире албаганыбызда эмес, же бирге иштеген досубузду сүйө албаганыбызда эмес, Теңирге бороон маалында ыраазы боло албаганыбызда эмес, бир бөлмөлүү батирде жашап жатып, көңүлүбүз ток боло албаганыбызда эмес. Көйгөйдүн маңызы — Кудайга баш ийе алаарыбызда эмес. Биз жөн эле кечирүүнү, сүйүүнү каалабайбыз, Теңирге ыраазычылык билдирүүдөн жана Теңир берип жатканга ыраазы болуудан баш тартабыз. Баш ийүү бул — Теңирдин акылга сыйбас күчүнө таянып, жасап жаткан тандообуз. Ыйык Рухтун күчү менен биз кечирүүнү, айланадагыларыбызды сүйүүгө Ага уруксат берүүнү чече алабыз, биз ар кандай жагдайларда Ага ыраазычылык келтирип, көңүлүбүздү ток кылууну чече алабыз. 13. Мен өзүмдүн жүрүм-турумума, чечимдериме, жашоонун кыйынчылыктарына болгон жообум үчүн Кудайдын алдында жооп берем (Жез. 18:19–22 кара). Өспүрүм кезимде эле, мен Теңирдин алдында башкалардын кылган иштери үчүн жооп бербешимди билет элем, бирок мен ошол иштерге кандай жооп кылам, бул үчүн жоопкерчилигим бар экенин билчүмүн. Мүмкүн биз өзүбүздүн жашообуздагы окуяларды көзөмөлдөй албайбыз. Кандай үй-бүлөдө төрөлөбүз, келбетибиз, тарбиябыз кандай болот биз тандабайбыз. Жашообузду түзгөн көп нерселерди өзгөртүүгө бизде укук болгон эмес. Бирок биз Кудайдын ырайымы менен абалдын курмандыгы болбошубуз керек — Ал биздин жашообузда жол койгон кыйынчылактарга болгон мамилебизди көзөмөлгө ала алабыз, башкара алабыз. Биз адамдарды, жагдайларды айыптоону токтотконубузда, башкаларга өз жүрүм-турумубуз үчүн жоопкерчиликти жүктөгөндү токтотконубузда, биз өзүбүздүн тандоолорубузга өзүбүз жооп бере баштаганыбызда гана, өзүбүздү жардамга муктаж болгон курмандык катары сезүүдөн бошонобуз. Ар кандай жагдайларга карабастан, Теңирди укканга өзүбүздү эркин сезип калабыз. 14. Мен эмнени сепсем, ошону ором (Гал.6:7–8 кара). Канчалык чоңойгон сайын, «эмнени сепсең ошону оросуң деген» мыйзамдын кыймылын өзүмдүн жашоомдо ошончолук көп сезип келем. Азыркы жашоом — көп жылдардан бери кылган чечимдеримдин жыйынтыгы десем болот. Балалыгымда жана жаштык кезимде эң жөнөкөй чечимдер жашоомдо кандай роль ойноору жөнүндө, мисалы, кандай китептерди окушум керек, ким менен баарлашып, бийликке кандай мамиле кылышым керек, бош убактымды кантип өткөрүшүм жана кантип билим алышым керек, эч кандай түшүнүгүм жок эле. Бүгүнкү күндө ошол чечимдеримдин мөмөсүн жыйнап жатам. Ошошндой эле биздин бүгүнкү кылган чечимдерибиз өзүбүздүн жашообузда эле эмес, кийинки муундарыбыздын жашоосунда да натыйжасын көрсөтөт. Мен бүгүн кылып жаткан, ар бир өзүмчүл, күнөөкөр, денелик чечим — бул өсө турган, көп мөмө алып келүүчү урук болуп саналат. Ошондой эле, момундуктун жолун тандай турган болсом, бул — менин жана менин жакындарымдын жашоосунда көптөгөн баталардын жемишин бере турган урук болот. Түшүм дароо бербесе да, ал сөзсүз бере турган убак келет. 15. Чыныгы кубанычтын сыры — өзүнүн жашоосунун укуктарын Кудайга берүү (Мт. 16:25, Лука 1:38, 1 Пет 5:7 кара). Өзүбүз көргөндөй эле, күнөөгө баткандан кийин, бардык аялдар жашоосун өздөрү колго алууга аракет кылып келишет. Биз ар дайым айланадагылардын жана өзүбүздүн жаашообуздун үстүнөн бийлик жүргүзгүбүз келет, бирок бул ар дайым ойдогудай боло бербейт. Бирок биз канчалык аракет кылбайлы, башынан эле бул бийлик бизге берилген эмес. Биз бул бийликке умтулабыз, башкаларды манипуляция кылабыз, адамдарга буйрук кылабыз, тынчсызданабыз, бирок мунун баары куру бекер. Чыныгы кубанычты жана тынчтыкты баштан өткөрүүнүн бирден бир жолу — моюнтурукту Кудайга берүү, себеби Ага гана таянсак болот, биздин көйгөйлөрдү чечүү Анын колунан келет. Өткөн жумада бирге иштешкен адамга капа болуп, ошол капачылыкты жеңгенге өзүм аракет кылып көрдүм. Бул кырдаалды бардык аялзатына белгилүү болгондой, мээмдин ичинде тегерентип-тегерентип жүрө бердим. Кийин мен түшүндүм, мен дагы деле ээрден түшкүм келбей жатканын, анан курдашыма мен үчүн сыйынуусун сурап телефон чалууну чечтим. Сөзүбүз бүтөөр маалда, ал кокусунан мага: «Ненси, сага эмне десем экен, эсиңде болсун, сен Кудай эмессиң да…» деп айтып калды. Мен ойлонуп калдым. Эмне үчүн Кудайды Кудайдын ордуна коюу кыйын? Эмне үчүн Ага ааламды башкарууну тапшыруу ушунчалык оор? Бул Анын гана колунан келет го? Ал бизди сүйөт жана сезбей кала турган бир да кыпынды өткөрүп жибербейт. Жашообузду башкаруу укугун берүүдөн баш тартуубуз менен Ал жасашы керек болгон ишти өзүбүз колго алып алгандай болуп калабыз. Эркин болушубуз үчүн, жашообузду, үй-бүлөбүздү жана ар кандай жагдайларды башкаруудан баш тартышыбыз керек, мына ошондо гана биз Анын колунан гана келе турган кереметтердин күбөлөрү боло алабыз. 16. Улуу эркиндик Кудай тарабынан менин үстүмө коюлган бийликке баш ийүүдө болот (Эф. 5:21 кара). Эгер биз бийликке каршы турсак, анда алсыз болуп калабыз. Эсиңиздеби, Обо баш ийиши керек болгон күйөөсүнөн көз карандысыз иш кылууну чечкен кезде күнөө кетирген. Башка тараптан караганда, Кудай тарабынан коюлган бийликке баш ийүү менен өз ордубузду ээлесек, анда Кудайдын коргоосун алабыз. Ошондо биздин үстүбүздө тургандардын жашоосунда Кудайдын иштешине жол беребиз, Кудайдын тартибинин кооздук дүйнөсүн ачабыз, ааламды башкарууга болгон Анын укугун жарыялайбыз. Шайтан Кудайды жеңе албайт, а биз болсо Өз Падышачылыгын жер бетине курушу үчүн Кудай менен кызматташабыз. 17. Аял жана эне болуудан өткөн жогору жана ыйык чакыруу жок (Тит 2:4–5 кара). Чыныгы ыракатты жана кубанычты өзүнүн эмне үчүн жаратылганын түшүнүүдөн гана табуу мүмкүн. Кудай аялды эркекке жардамчы кылып жараткан, өмүр берип жана аны эркелетүү үчүн жараткан. Көпчүлүк аялдар үчүн Кудай никени жана эне болууну даярдап койгон. Күйөөсү бар аялдарга болгон Кудайдын чакырыгы негизинен алардын үйдөгү ролу болот. Пабыл Титке анын жыйынындагы жаш аялдар төмөнкүлөрдү үйрөнүшү керектигин айтат: Кудай сөзүнө тил тийбеши үчүн …күйөөсүн, балдарын сүйүүгө, адеп-ахлактуу, таза, үйгө камкор, кең пейил болууга, күйөөсүнө баш ийүүгө үйрөтүшсүн. (Тит. 2:4–5) Аял жана эне үчүн карьера, хобби, адамдар менен болгон мамиле же башка эч нерсе үй-бүлөсүнөн жана балдарынан да маанилүү болбойт. Жумуш сизге ыракат алып келиши мүмкүн. Ал сизге башка жол менен ала албаган көп материалдык байлыкты жана ыңгайлуулуктарды белек кылыш мүмкүн. Бирок баары бир, өз үйүн жасагандан, эркек менен бирге жер бетинде Кудайды даңктагандан, өз балдарын жана неберелерин тамактандырып жана өстүргөндөн, кийинки муунду окуткандан, өзүнөн баш тартып, өз өмүрүн адамдар үчүн бергенден өткөн чоң кубаныч, жогорку чакыруу жок. Бул аялдардын эң жогорку чакырыгы. 18. Биздин убактылуу бактыбызга караганда, ыйыктыгыбыз маанилүү (Эф. 5:26–27 кара). Бул дүйнөнүн философиясына каршы, көз ирмемдик бакыт — жакшы нерсе эмес, биздин ага укугубуз да жок. Кудай бизди бул жерде жана азыр бактылу кылуу үчүн куткарган жок. Ал бизди «бардык мыйзамсыздыктан куткарып, тазалап, бизден Өзүнө таандык, жакшы иштерди кылууга тырышкан эл жаратуу үчүн» куткарды (Тит. 2:14). Теңир Ыйса асмандагы Өз үйүн калтырып, жерге түшүп келди жана Өз өмүрүн биздин өзүбүз үчүн жана ыракаттанып жашашыбыз үчүн эмес, а биздин эркин болуп, Кудай үчүн, бизди Жараткандын ыракаты үчүн жашообуз үчүн берген. Тил алчаактыктын жолуна түшүү оңой эмес. Кээде бул аныктуу курмандыкты талап кылат: биз өзүбүздүн ыңгайлуу жайыбыздан чыгууга туура келет. Бирок биздин кандай гана курмандыгыбыз болбосун, ал убактылуу жана биз түбөлүктүктө ала турган кубаныч менен ыракатка салыштырууга да болбойт. Ыйыктыкка аракет кылуу менен гана биз чыныгы бакытка жетебиз. 19. Кудай менин маселемди чечүүгө эмес, мени өзгөртүп жана менде даңкталууга аракет кылат (Рим. 8:29 кара). Биздин жолубузда кыйынчылык пайда болгондо, аларды ошол замат жок кылууга болгон аракет толугу менен табиятка ылайык. Эгер биз Кудайдын планын көрбөсөк, эгер биз Анын эркин кабыл албасак, анда толугу менен кыйын абалдан чыгууну издөөгө бет алабыз. Биз Анын үнүн укпайбыз жана Ал бизге «жардам бербей жатат» деп Ага ачууланабыз. Бирок Кудай менин көйгөйлөрүмдү чечүү үчүн эле жашабайт. Бул Ал менин сезимдериме көңүл коштук менен карайт дегендик эмес. Бирок, жашоодогу баалуулуктардын максатын түзүү менен, биз Кудайдын Өзү эмнени баалай турганын эске алуубуз керек. Ал үчүн болсо, ар бир адам Анын даңкын чагылдыруу маанилүү. Ал бизди Өзүнүн бейнесине жакындатуу үчүн бардык нерсени жасоону каалайт. Бизди баарынан көп тынчсыздандырган кээ бир маселелер чындыгында бизге Анын максатын көздөй жүргөнгө жардам берет. Эгер биз бул маселелердин чечилишин талап кылсак — чыдай алгыс жетекчиден, финансылык кыйынчылыктан, ден-соолук менен болгон кыйынчылыктан, никедеги көйгөйлөрдөн качууга аракет кылсак, — анда биз Кудай бизге даярдаган баталардан кур калабыз. Бизди Өзүнүн Уулуна окшоштуруу үчүн Кудай Өзү жөнөткөн көйгөйлөрдү жек көрүү акылсыздык жана келечекти көрө албастык. 20. Азап тартпастан ыйыктыкка ээ болуу мүмкүн эмес (1 Пет. 5:10 кара). Биз азап чегүүнү бизди өзгөртүү жана Ыйсага окшоштуруу үчүн Кудайдын колундагы куралы катары түшүнсөк, аны такыр башкача кабыл алабыз. Ыйыкталуу процесси биз азап чегүүнү четке какпастан, аны кабыл алганда болот. Жеремия пайгамбардын китебинде бизди тазалаш үчүн болгон азаптарды кабыл албай коюунун жыйынтыгынын ачык сүрөттөлүшүн таба алабыз: Маап жаш чагынан бейкапар жашап, өзүнүн ачыткысынын үстүндө отурат, идиштен идишке куюлган жок, туткундалып кеткен жок. Ошондуктан ал өз даамын сактап калды, жытын жоготкон жок. (Жер. 48:11) Жеремиянын убагында шарап жасашкан, жүзүм ширесин чаначка куюп, ачуусу чөккөнгө чейин бир нече жумага калтырышкан. Андан кийин шарап жаңы чөкмөнү бериш үчүн башка чаначка куюлган. Бул процесс шарап толугу менен тазаланып, тунук жана таттуу болгонго чейин кайра-кайра кайталанган. Маап элинин тарыхы салыштырмалуу тынч болгон, алар бир азаптан экинчисине «куюу» болгон тазалоочу процесстен өтүшкөн эмес. Жыйынтыгында мааптыктарда күнөөнүн коюу, ачуу тунмасы калган, алардын «даамы» өзгөргөн эмес. Азап чегүү — бул бизди бир идиштен экинчиге, өзүмчүлдүк жана күнөө түбүнө чөгүп, Анын Рухунун шарабы таза жана таттуу болгончо куюштуруу. 21. Менин азап чегүүм түбөлүккө созулбайт (2 Кор. 4:17–18 кара). Биз дайыма отто болгондой, бизди бир идиштен экинчисине «куюштургандай» сезген кезде, биздин сезимдерибиз мунун баары түбөлүккө созулат деп күбөлөндүрөт. мындай учурда өзүбүзгө бул процесс чексиз эмес экендигин эскертишибиз керек. Бул түбөлүккө созулбайт. Ар бир азап чегүүнүн максаты бар. Кудайда биздин жашообузга кыйынчылыктарды жөнөтө турган өзгөчө максат бар. Ал Өзүнүн максатына жетиш үчүн азап чегүүнүн канчалык күчү керек экендигин жана алар канча убакытка созула турганын так билет. Ал биздин азап чегүүбүзгө Анын эркин аткаруу үчүн керек болгондон узак созулушуна же оор болушуна жол бербейт. Кудай убада берген, бир кезде «…өлүм деген болбойт. Ый деген, өкүрүк деген, оору деген болбойт…» (Аян. 21:4). Ошондуктан, кымбаттуу Кудайдын баласы, сенин көздөрүңө көз жаш толгондо, эч кандай үмүт жоктой сезилген кезде кайраттан. Башыңды көтөр, Кудайга ыраазычылык айт жана жакын арада сенин ишенимиң сыйланат жана сени менен аягына чейин болом деп сага убада Бергенди көрөсүң. 22. Башкы каарман мен эмес, Ал! (Кол. 1:16–18; Аян. 4:11 кара) Мен өзүмө дайыма бул дүйнө менин айланамда гана айланып туруш үчүн жаралбагандыгын эскертип турушум керек. Бардык аалам, сиз да, мен да Ким улуу жана мактоого татыктуу болсо, Ким ааламды башкарса Ошол үчүн жаратылган. Кудайдын ою жана Анын максаты биз көргөндөн жана эмне жөнүндө ойлогонубуздан бир кыйла маанилүү. Менин банктык эсебим, жарааттарым жана ооруларым, намыскөйлүгүм, талаптарым жана каалоолорум — баары эң негизги мен эмес, Ал экенин эстегенде экинчи планга жылып калат. Өз жашообуздагы абалдарга туура реакция кылыш үчүн, биз баарынан мурун: «менин жашоомдун максаты эмнеде?» деген суроого жооп беришибиз керек. Эгер менин максатым — бактылуу болуу, кимдир-бирөөгө керек болуу же сүйүктүү болуу боло турган болсо, анда бардык тоскоолдуктарды менин койгон максатыма жетүүгө тоскоол болгон шайтандын чабуулу катары караймын. Башка жагынан алганда, биз Кудайдын ыракаты жана даңкы үчүн жашай турганыбызга Аны менен макул болсок, анда бардык болгон окуяларды Анын планынын бир бөлүгү катары кабыл ала алабыз. Биз таарынбайбыз, каршы болбойбуз жана «кыйынчылыктардан» качпайбыз, бирок аларды Кудай тарабынан бизди Ыйсага окшоштуруу үчүн жана Аны даңктоо үчүн айта алабыз: «Мен башкы каарман эмесмин. Башкы каарман — Сенсиң. Эгер бир нерсе Сага жакса, анда бул мага да толугу менен жагат. Эң негизгиси Сен даңктал». # ЭПИЛОГ Кымбатуу күндөлүк! Бүгүн бизге чөбөрөбүздүн бири, Кейнан аялы, эки кызы менен келип кетти. Алар бизге өздөрүнүн бакчасынан мөмө жана жер жемиштерден алып келишти. Биздин небере чөбөрөлөрүбүз бизге жакшы мамиле кылышат, өзгөчө азыр, биз карып жана ден соолугубуз начарлап калганда. Менин көзүм күндөн — күнгө начар көрө баштады. Бирок көптөгөн маселелерди чечүүдө азыр гана көзүм ачылгандай. Көп жыл мурда, менин көздөрүм жаш жана соо кезинде мен «сокур» элем. Менин жыланга ишенгеним келесоолук экендигин көргөн жокмун. Ошондогу жалгыз туура эмес тандообуз бизге канчалык жаман нерсени алып келерин көргөн жокмун. Биздин балдарыбызга канчалык оор болорун көрө алган жокмун. Мен билем, Кудай биздин биринчи күнөөбүз жана анын артынан келген каргыш үчүн Адам жоопкерчиликтүү дейт, бирок баары бир, жыланга алданып калгандыгым үчүн, мен күнөөнүн жүгүн сезип турам. Ошол учурда менин көз алдымда бир гана жагымдуу жемиш жана мага керектүү сезилген нерсе гана турду. Мен каалаганымды алдым, бирок анын арты кандай болоорун ойлогон жокмун. Тил албастыктын көз ирмеми бизге канчалаган жараат жана өкүнүү алып келди. Азыр гана, бүтпөгөн качуу менен жараттардан кийин, мен Кудай бизди канчалык сүйгөнүн жана биз үчүн дайыма кам көргөнүн түшүнүп жатам. Анын жолдору адил жана Ага баш ийип Анын артынан ээрчишибиз керек экендигин азыр ачык айкын көрүп жатам. Аттиң, жалганчылык үчүн, өткөн жылдарымды артка кайрый алсам кана! Мен артымды караганымда, Кудайдын ырайымына таң калам. Ошол каргашалуу күндөн кийин, Ал бизди унутуп койсо да жарашмак. Бирок Ал биз менен достугун кайрадан тургузууга дайыма умтулган. Эки уулубузду тең жоготкондон кийин, Кудай бизге Шетти берди, андан кийин дагы төрт уулдуу жана төрт кыздуу болдук. Бирок бир гана Шет биз үчүн — Кудай бизге белек кылган, кубанычтын жана жаңылануунун символу болуп калды. Кудай ошондой эле, бир күнү бизге Башка Уул келээрин убада кылды. Жылан Ага кол салып, бизди жарадар кылган сыяктуу, Аны да жарадар кылат. Бирок, кийинчерээк Уул аны өлтүрө турган сокку берет. Так ушул мен, аял, күйөөм менен, көп жыл мурда, күнөөгө батуунун себепкери болдум. Мен эч качан бул каргашалуу окуяларды артка кайтара албайм. Бирок — кандай ырайым! — Кудай ошол Уул бул дүйнөгө аял аркылуу келет, — деди. Ал аркылуу күнөөнүн кесепеттери талкаланат. Мен Кудайдын эркине каршылык көрсөткөнүмө карабастан, Ал менден баш тарткан жок, Ал мени кечирүүнүн жолун тапты. Мен кайрадан руханий жемиш алып келе алышым үчүн, Ал мени өзгөртүүнү пландаштырды. Чындап эле, Ал — Куткаруучу Кудай. Анын убадалары качан жана кантип аткарылаарын мен билбейм. Бирок, мен Анын сөзүнө ишенеримди так билем. Менин бул жерде жашаарыма канча күн калса да, мен анын баарын чындыкта жана Ага баш ийүүдө өткөргүм келет. Мен ушуну кылуу менен жакындарыма жардам көрсөткүм келет. Жалганга ишенүү, качандыр бир кезде мени жана менин үй-бүлөмдү талкалаган. Бирок, азыр мен Анын чындыгы аркылуу кайрадан эркинмин! # МЫНДАН АРЫ ОКУП ҮЙРӨНҮҮ ҮЧҮН Азыркы замандагы аялдар ишенген жалгандардын бардык түрүн карап көрүүгө аракет кылуу менен, биз көптөгөн татаал темаларды козгоп өттүк. Мүмкүн, аларга сиз жана сиздин тааныштарыңыз дуушар болгон чыгаарсыңар. Төмөн жакта абдан пайдалуу боло турган адабияттардын сунуш кылынган тизмеси келтирилген. Бизге канчалык белгилүү болгондой, бул китептер Жазууга каршы эмес. Бирок автордун көз караштары дайыма эле толугу менен төмөндө келтирилген китептеги бардык абалдар менен туура келе бербейт. Ар бир ишенүүчү бардык китепти (бул китепти да) Жазуунун жарыгында текшерүүсү керек. Аборт Her Choice to Heal: Finding Spiritual and Emotional Peace After Abortion, by Sydna Masse and Joan Phillips (Colorado Springs: Chariot Victor, 1998). Bethany Christian Services, Inc. Өзүнө төмөнкү кызматтарды: каалабастан кош бойлуу болгон аялдарга кеңеш берүү, үй-бүлөлүк кеңеш, ташталган балдар үчүн жаңы үй-бүлөлөрдү издөө, бала/кыз асырап алуу, жетим балдар үчүн жана жалгыз бой энелер үчүн баш калкалай турган жер, камтыган америкалык уюм. 901 Eastern Avenue, N. E., P. O. Box 294, Grand Rapids, MI 49501–0294; 616–459–6273; кыйын абалда жардам берүүчү ысык линия: 800–BETHANY. Терс адаттар The Bondage Breaker: Overcoming Negative Thoughts, Irrational Feelings and Habitual Sins, by Neil T. Anderson (Eugene, Oreg.: Harvest House, 1990). Breaking Free: Making Liberty in Christ a Reality in Life, by Beth Moore (Nashville: Broadman & Holman, 2000). Breaking Free: Making Liberty in Christ a Reality in Life, by Beth Moore (Nashville: Life Way, 1999). Ыйык Китепти окуп үйрөнүү боюнча он бир жумалык курс; аны төмөнкү дарек боюнча заказ берип алууга болот: Life Way Christian Resources; www. lifewaystores.com The Disciplines of Grace: God’s Role and Our Role in the Pursuit of Holiness, by Jerry Bridges (Colorado Springs: NavPress, 1994). Бул китеп боюнча кичине топтордо сабак өткөрүү үчүн колдонмолорду заказ кылууга болот. False Intimacy: Understanding the Struggle of Sexual Addiction, by Dr. Harry W. Schaumburg (Colorado Springs: NavPress. 1997). What Do You Do When You Know That You Are Hooked? Pamphlet by Jay E. Adams (Phillipsburg, N.J.: Presbyterian & Reformed, 1975). When People Are Big and God Is Small: Overcoming Peer Pressure, Codependency and the Fear of Man, by Edward T. Welch (Phillipsburg, N.J.: Presbyterian & Reformed, 1997). Куткарылганына толук ишеним One Minute After You Die: A Privew of Your Final Destination, by Erwin W. Lutzer (Chicago: Moody, 1997). Saved Without a Doubt: How to Be Sure of Your Salvation, by John MacArthur, Jr. (Colorado Springs: Chariot Victor, 1992). Организмдеги химиялык дисбаланс Blame It on the Brain? Distinguishing Chemical Imbalances, Brain Disorders, and Disobedience, by Edward T. Welch (Phillipsburg, N.J.: Presbyterian & Reformed, 1998). Депрессия The Journal of Biblical Counseling: Special Issues on Depression, vol. 18, nos. 2, 3. Christian Counseling & Educational Foundation, 1803 East Willow Grove Ave., Glenside, PA 19038; 215–884–7676; e-mail: ccefmail@aol. com; www.ccef.org. Руханий депрессия: депрессиянын пайда болуу себептери жана андан бошонуу жолдору, д-р Мартин Ллойд-Джонс (Санкт-Петербург, «Мирт», 2000). What Do You Do When You Become Depressed? pamphlet by Jay E. Adams (Phillipsburg, N.J.: Presbyterian & Reformed, 1975). Үй-бүлөдөгү кордук The Journal of Biblical Counseling, vol. 15, no. 2 (winter 1997); vol. 16, no. 3 (spring 1998). Christian Counseling & Educational Foundation, 1803 East Willow Grove Ave., Glenside, PA 19038; 215–884–7676; e-mail: ccefmail@aol.com; www.ccef.org. Туура эмес тамактануу First Place: Giving Christ First Place, by John Kramp (Nashville: Life — Way, 1992). Өз алдынча жана топтогу сабактар үчүн арналган окуу китеби. Өз жүрөгүнүн тактысын Машайакка кантип бошотуп берүү жөнүндө айтат (ден-соолук жөнүндө суроолор да бар). Сегиз сабактан турган биринчи бөлүгүн Life Way Christian Resources аркылуу заказ кылса болот; негизги линия 615–251–2000, же буюртма бергендерди тейлөө: 800–458–2772; www.lifewaystores.com The Journal of Biblical Counseling, Bulimia (vol. 11, no. 2); Anorexia (vol. 11, no. 3). Christian Counseling & Educational Foundation, 1803 East Willow Grove Ave., Glenside, PA 19038; 215–884–7676; e-mail: ccefmail@aol.com; www.ccef.org. Love to Eat, Hate to Eat: Breaking the Bondage of Destructive Eating Habits, by Elyse Fitzpatrick (Eugene, Oreg.: Harvest House, 1999). More Than Bread, by Elyse Fitzpatrick (Christian Counseling & Educational Foundation, 1992). Иш дептер — ашыкча тамактануу, булимия жана анорексия жөнүндө лекциялардын курсу; Christian Counseling & Educational Foundation аркылуу заказ кылса болот, жогорудагы маалыматтарга карагыла. Кечирим Forgiveness: Healing the Harbored Hurts of Your Heart, by Bill Elliff (1998). The Summit Church аркылуу заказ берүүгө болот, 11815 Hinson Loop, Little Rock, AR72212; 501–224–7772. I Should Forgive, but: Finding Release from the Bondage of Anger and Bitterness, by Chuck Lynch (Nashville: Word, 1998). Forgiven, Forgiving and Free! by Nancy Leigh DeMoss. Аудио — жана видео-кассеталар; Life Action Ministries аркылуу заказ кылууга болот, 800–321–1538. Гомосексуализм Desires in Conflict: Answering the Struggle for Sexual Identity, by Joe Dallas (Eugene, Oreg.: Harvest House, 1991). An Ounce of Prevention: Preventing the Homosexual Condition in Today’s Youth, by Don Schmierer (Nashville: Word, 1998). Someone I Love Is Gay: How Family and Friends Can Respond, by Anita Worthen and Bob Davies (Downers Grove, Ill.: InterVarsity, 1996) Exodus International. Гомосексуализмден жана лесбиянчылыктан эркиндикке чыгууну издеген эркектерге жана аялдарга көмөк көрсөтүүнү сунуш кылган машайакчылык кызматтын эл аралык коалициясы. P. O. Box 77652, Seattle, WA 98177; 206–784–7799; www.exodusnorthamerica.org. Төрөбөстүк, баладан ажырап калуу The Ache for a Child: Emotional, Spiritual and Ethical Insights for Women Suffering through Infertility and Pregnancy Loss, by Debra Bridwell (Colorado Springs: Chariot Victor, 1994). The Memories I Cherish, by Sandy Day and Donna Elyea. Баласын жоготкон аялдарга жардам катары Ыйык Китепти окуунун календарь-күндөлүгү; Caleb Ministries аркылуу заказ кылууга болот, P. O. Box, 470093, Charlotte, NC28247; 704–846–5372; www.calebministries.org. Morning Will Come, compiled by Sandy Day. Төрөбөстүктөн, бойдон түшүүдөн, төрөлгөн учурда же жаш бала чагында болгон баланын өлүмүнөн азап тартып жаткандар үчүн сооронуч, үмүт жана түшүнүүнү сунуш кылган реалдуу жашоодон алынган окуялардан турган шыктандыруучу жыйнак. Бул жыйнакты Caleb Ministries аркылуу заказ кылса болот (жогорудагы маалыматтарды карагыла). Нике Abused? How You Can Find God’s Help, workbook by Richard and Lois Klempel (Limo, Ohio: Fairway, 1981). Жубайчылыктын Ыйык китептик портрети: сиздин жашооңузду өзгөртүүгө жөндөмдүү никени жаратуу темасына арналган он эки сабак, д-р Брюс Уилкинсон (видеокассеталар). The Fruit of Her Hands: Respect and the Christian Woman, by Nancy Wilson (Moscow, Idaho: Canon, 1997). Hope for the Separated: Wounded Marriages Can Be Healed, by Gary D. Chapman (Chicago: Moody, 1996). How to Save Your Marriage Alone, by Ed Wheat, M. D. (Grand Rapids: Zondervan, 1983). Бул практикалык брошюра Love Life for Every Married Couple китебинин бөлүмү болуп саналат (Grand Rapids: Zondervan, 1983). Lasting Love: How to Avoid Marital Failure, by Alistair Begg (Chicago: Moody, 1997). Liberated Through Submission, by P. B. Wilson (Eugene, Oreg.: Harvest House, 1997). Me? Obey Him? The Obedient Wife and God’s Way of Happiness and Blessing in the Home, by Elizabeth Rice Handford (Murfreesboro, Tenn.: Sword of the Lord, 1995). The Power of a Praying Wife, by Stormie Omartian (Eugene, Oreg.: Harvest House, 1997). Бул темадагы окуу китептерин топ үчүн жана өз алдынча окуу үчүн заказ кылууга болот. What Makes a Man Feel Loved: Understanding What Your Husband Really Wants, by Bob Barnes (Eugene, Oreg.: Harvest House, 1998). Ишенбөөчү жубай The Prayer Closet Ministries. Сыйынуу чынжыры (ишенбөөчү адам менен никеде турган ишенүүчүлөр үчүн сыйынган арачылардын тармагы). Dr Kevin Meador, 595 Stratton Road, Decatur, MS39327; 601–635–2180; www.prayerclosetministries.org. Жаңы кайрылган адам Being a Child of God: Your Guide for the Adventure, by Warren W. Wiersbe (Nashville: Thomas Nelson, 1996). How to Begin the Christian Life, by George Sweeting (Chicago: Moody, 1993). Ата-энелер The Tribute and the Promise, by Dennis Rainey (Nashville: Thomas Nelson, 1997). Ата-энени сыйлоо бата алып келе турганы жөнүндө. Балдарды тарбиялоо Age of Opportunity: A Biblical Guide to Parenting Teens, by Paul David Tripp (Phillipsburg, N.J.: Presbyterian & Reformed, 1997). Growing Little Women: Capturing Teachable Moments with Your Daughter, by Donna J. Miller (Chicago: Moody, 1997). Raising a Christian Daughter in an MTV World, by Mary Ruth Murdoch (Phillipsburg, N.J.: Presbyterian & Reformed, 2000). Raising Lambs Among Wolves: How to Protect Your Children from Evil, by Mark I. Bubeck (Chicago: Moody, 1997). The Power of a Praying Parent, by Stormie Omartian (Eugene, Oreg.: Harvest House, 1995). Бул темадагы окуу китептерин топ үчүн жана өз алдынча окуу үчүн заказ кылууга болот. Өз балаң үчүн кантип кайтаруучу боло аласың, Теодор Трип (СПб, Баары үчүн Ыйык Китеп, 2001). Standing on the Promises: A Handbook of Biblical Childrearing, by Douglas J. Wilson (Moscow, Idaho: Canon, 1997). Порнография An Affair of the Mind: One Woman’s Courageous Battle to Salvage Her Family from the Devastation of Pornography, by Laurie Sharlene Hall (Colorado Springs: Focus on the Family, 1998). Аялдын ролу Biblical Portrait of Womanhood, by Nancy Leigh DeMoss. Life Action Ministries аркылуу заказ кылуугу мүмкүн болгон буклет, 800–321–1538. By Design: God’s Distinctive Calling for Women, by Susan Hunt (Wheaton, Ill.: Crossway, 1998). The Excellent Wife: A Biblical Perspective, by Martha Peace (Bemidji, Minn.: Focus, 1997). Fearlessly Feminine: Boldly Living God’s Plan for Womanhood, by Jani Ortlund (Sisters, Oreg.: Multnomah, 2000). Leadership for Women in the Church, by Susan Hunt and Peggy Hutcheson (Grand Rapids: Zondervan, 1991). Let Me Be a Woman, by Elizabeth Elliot (Wheaton, Ill.: Tyndale, 1999). Recovering Biblical Manhood and Womanhood: A Response to Evangelical Feminism, edited by John Piper and Wayne A. Grudem (Wheaton, Ill.: Crossway, 1991). Руханий эне болуу, Сьюзан Хант (Москва, «Руханий кайра төрөлүү» ассоциациясы, 1998). A Woman After God’s Own Heart, by Elizabeth George (Eugene, Oreg.: Harvest House, 1997). Ыйык Жазууга негизделген Кудайдын баалуулуктарын күйөө менен, балдар менен болгон мамиледе, үй башкарууда, Теңир менен бирге болуп жана кызмат кылганда кантип кармануу керектиги жөнүндө практикалык ойлор. Five Aspects of Woman: A Biblical Theology of Femininity, by Barbara K. Mouser. Жыйырма үч сабактан турган окуу китеби. Он тогуз аудио кассетада жазылган курсту International Center for Gender Studies аркылуу заказ кылууга болот, P. O. Box 702, Waxahachie, TX 75168; 800–833–2441; e-mail: icgsinfo@yahoo.com Portrait of a Foolish Woman: A Study on Proverbs 7, by Nancy Leigh DeMoss. Аудиокассеталардагы лекциялар; Life Action Ministries аркылуу заказ кылууга болот, 800–321–1538. Wisdom for Women from Titus 2, by Carolyn Mahaney. Сегиз кассетага жазылган курс; PDI Communications аркылуу заказ кылууга болот, 7881 Beechcraft Ave., Suite B, Gaithersburg, MD20879–1507; 800–736–2202 же 301–926–2200; e-mail: pdi@pdinet.org; www.pdinet.org. Council on Biblical Manhood and Womanhood (CBMW). P. O. Box 7337, Libertville, IL 60048; 847–573–8120; e-mail: info@cbmv. org; www.cbmv.org The Proverb 31 Ministry. Аялдарга Кудайдын көз карашы менен үйдө жана үй-бүлөдөгү аялдардын кызматын кабыл алганды үйрөтөт жана шыктандырат. Айлык бюллетень жана аялдар конференциясы сунуш кылынат. P. O. Box 17155, Charlotte, NC28227; 704–849–2270; e-mail: p31home@proverbs31.org; www.proverbs31.org Сексуалдык зордуктоо Дори: эч ким сүйбөгөн кыз, Дорис Ванстоун и Эрвин Лютцер (СПб, ОМ, 1998). Glenda’s Story: Led by Grace, by Glenda Revell (Lincoln, Nebr.: Back to the Bible, 1994). Бул окуя — караңгыдан жарык жараткан, кайгыдан кубаныч жана оорудан тынчтык жарата турган биздин ырайымдуу Куткаруучубуз жөнүндөгү таң калыштуу аңгеме. No Place to Cry: The Hurt and Healing of Sexual Abuse, by Doris Van Stone and Erwin W. Lutzer (Chicago: Moody, 1990). Сексуалдык тазалык And the Bride Wore White: Seven Secrets to Sexual Purity, by Dannah Gresh (Chicago: Moody, 2000). Forgotten Factors, by Roy Hession (Fort Washington, Pa.: Christian Literature Crusade, 1976). Intimate Issues: Conversations Woman to Woman: Twenty-One Question Christian Women Ask About Sex, by Linda Dillow and Lorraine Pintus (Colorado Springs: WaterBrook, 1999). Passion and Purity: Learning to Bring Your Love Life Under Christ’s Control, by Elizabeth Elliot (Grand Rapids: Revell, 1984). Жалгыздык/так өтүү The Freedom to Marry: Seven Dynamic Steps to Marriage Readiness, by Ellen Johnson Varughese. JoyPress аркылуу заказ кылууга болот, P. O. Box 3136, Olathe, KS66063; 913–829–6555; www.joypress.com The Path of Loneliness: It May Seem a Wilderness, but It Can Lead You to God, by Elizabeth Elliot (Nashville: Thomas Nelson, 1991). Singled Out for Him: Embracing the Gift, the Blessings and the Challenges of Singleness, by Nancy Leigh DeMoss. Life Action Ministries аркылуу заказ кылууга болот, 800–321–1538. Singled Out for Him, by Nancy Leigh DeMoss. Үч аудио кассетадан турган комплект; Деннис Рэйни менен Family Life Today боюнча болгон алты радиоинтервью. Life Action Ministries аркылуу заказ кылууга болот, 800–321–1538. Азап тартуу Only God Can Heal the Wounded Heart, by Ed Bulkley (Eugene, Oreg.: Harvest House, 1995). A Path Through Suffering: Discovering the Relationship Between God’s Mercy and Our Pain, by Elizabeth Elliot (Ann Arbor, Mich.: Vine, 1992). Trusting God Even When Life Hurts, by Jerry Bridges (Colorado Springs: NavPress, 1991). When God Doesn’t Make Sense, by Dr. James C. Dobson (Wheaton, Ill.: Tyndale, 1997). Өз убактысын кантип бөлүштүрүү керек The 15 Minute Organizer, by Emilie Barnes (Eugene, Oreg.: Harvest House, 1991). The Creative Home Organizer, by Emilie Barnes (Eugene, Oreg.: Harvest House, 1998). Чарба иштерин жүргүзүү, тамак жасоо, тазалоо, балдарды тарбиялоо, автомобил үчүн кам көрүү, үй жаныбарлары жана бөлмөдөгү гүлдөр үчүн ж. б. кам көрүүдөгү ойлор жана практикалык кеңештер. More Hours In My Day Ministries (төмөнку маалыматтарды кара). More Hours In My Day Ministries. Эмили Барнс үй-чарбасы жөнүндө «More Hours In My Day» семинарларын өткөрөт. Ал рак менен же башка олуттуу оору менен ооруп азап тартып жаткандарга кызмат кылат, китептерди жана маалымат берүүчү башка булактарды сунуш кылат 2838 Whitestone Drive, Riverside, CA 92506; 909–682–4714; e-mail: emilie@emiliebarnes.com; www.emiliebarnes.com Аялдардын темалары (ар түрдүү) Caring for Your Aging Parents: When Love Is Not Enough, by Barbara Deane (Colorado Springs: NavPress, 1989). In My Father’s House: Women Relating to God as Father, by Mary A. Kassian (Nashville: LifeWay, 1999). Өз алдынча жана топто өткөрүлүүчү сабактар камтылган алты жумалык интерактивдүү курс. Аялдарга өзүнүн Асмандагы Атасын көрүүгө тоскоол болгон адашуулардан кутулууга жардам берет. Women Helping Women: A Biblical Guide to the Major Issues Women Face, edited by Elyse Fitzpatrick and Carol Cornish (Eugene, Oreg.: Harvest House, 1997). Аялдарда учурай турган жыйырма маанилүү маселелерге тийип өтөт жана Ыйык китептик негиздеги сооронуч сөздөрүн жана практикалык кеңештерди сунуш кылат. Оор нике, тукумсуздук, терс адаттар, жалгыздык, өспүрүмдөрдү тарбиялоо, туура эмес тамактануу, улгайган ата-энелер жөнүндө кам көрүү, жалгыз бой энелер жана абортту башынан өткөргөн аялдар жөнүндө бөлүмдөрдү камтыйт. # ЭСКЕРТҮҮ 1 бөлүм 1 Smooth Stones Taken from Ancient Brooks, comp. Charles H. Spurgeon. (Morgan, Pa.: Soly Deo Gloria, 1996), 93. 2 бөлүм 1 Киришүүдөн Unselfishness of God; Safe Within Your Love боюнча цитата келтирилет: A Forty-Day Journey in the Company of Hannah W. Smith, Devotional Readings Arranged and Paraphrased by David Hazard (Minneapolis: Bethany, 1992), 147. 2 Hannah Whitall Smith, God Is Enough, ed. Melvin E. Dieter and Hallie A. Dieter (Grand Rapids: Francis Asbury, Zondervan, 1986), 240–41. 3 Hannah Whitall Smith, Daily Strength for Daily Needs боюнча цитата келтирилет, comp. Mary W. Tileston (Boston: Little, Brown, 1899), 333. 4 Smith, God Is Enough, 21, 26. 3 бөлүм 1 «Meg Ryan: What She Really Thinks of Herself», Ladies’ Home Journal, July 1999, 98. 2 W. E. Vine, The Expanded Vine’s Expository Dictionary of New Testament Words, ed. John R. Kohlenberger III with James A. Swanson (Minneapolis: Bethany, 1984), 751. 4 бөлүм 1 Amy Bloom, Self, April 1999, 40. 2 The Valley of Vision: A Collection of Puritan Prayers and Devotions, ed. Arthur Bennett (Carlisle, Pa.: Banner of Truth, 1975), 70, 79. 3 Роберт Лоури (Robert Lowry), «О, бир гана Ыйсанын каны». 4 John Alexander, «And That’s That: Sin, Salvation, and Woody Allen», The Other Side, January-February 1993, 55. 5 The Valley of Vision, 76 5 бөлүм 1 Dorothy Patterson, «The High Calling of Wife and Mother in Biblical Perspective», Recovering Biblical Manhood and Womanhood: A Response to Evangelical Feminism, ed. John Piper and Wayne Grudem (Weaton, Ill.: Crossway, 1991), 365. 2 «An Interview with Kate Hepburn», Ladies’ Home Journal, March 1977, 54. 3 «Joanne and Paul: Their Lives Together and Apart», Ladies’ Home Journal, July 1975, 62. 4 Patterson, The High Calling of Wife and Mother in Biblical Perspective, 375. 6 бөлүм 1 Mary A. Kassian, The Feminist Gospel: The Movement to Unite Feminism with the Church (Weaton, Ill.: Crossway, 1992), 82. 2 Nancy Leigh DeMoss, «Devotion to Family», in A Mother’s Legacy: Wisdom from Mothers to Daughters, compiled and written by Barbara Rainey and Ashley Rainey Escue (Nashville: Thomas Nelson, 2000), 106–7. 3 Southern Baptist Convention, «Baptist Faith and Message», revised June 1998, Article XVIII. 4 Susan Hunt, The True Woman: The Beauty and Strength of a Godly Woman (Weaton, Ill.: Crossway, 1997), 218, 223. 5 Күнөөнүн айынан жыгылуунун натыйжалары жөнүндөгү жана бул аял менен эркектин ортосундагы мамиледе кантип чагыла турганы жөнүндөгү темеларды дагы окуп үйрөнүү үчүн, см. Raymond C. Ortlund Jr., «Male-Female Equality and Male Headship: Genesis 1–3», in Recovering Biblical Manhood and Womanhood: A Response to Evangelical Feminism, ed. John Piper and Wayne Grudem (Weaton, Ill.: Crossway, 1991), 95–112. 6 Elizabeth Rice Handford, Me? Obey Him? The Obedient Wife and God’s Way of Happiness and Blessing in the Home (Murfreesboro, Tenn.: Sword of the Lord, 1994), 75–76. 7 бөлүм 1 Shulamith Firestone, The Dialectic of Sex: The Case for Feminist Revolution (New York: William Morrow, 1970), 81. 2 Mary Pride, The Way Home: Beyond Feminism, Back to Reality (Wetchester, Ill.: Crossway, 1985), 77, 75. 3 The Works of Jonathan Edwards, with a memoir by Sereno E. Dwight; rev. and corrected by Edward Hickman, 2 vols, (Carlisle, Pa.: The Banner of Truth Trust, 1976), z: 1: XIV. 8 бөлүм 1 Hannah Whitall Smith, God Is Enough, ed. Melvin Dieter and Hallie A. Dieter (Grand Rapids: Francis Asbury, Zondervan, 1986), 52–53. 2 Francis de Sales, Daily Strength for Daily Needs, ed. Mary W. Tileston (Boston: Little, Brown, 1899), 29. 3 D. Martyn Lloyd Jones, Spiritual Depression: Its Causes and Cure (Grand Rapids: Eerdmans, 1986), 21. 9 бөлүм 1 Judith Viorst, Alexander and the Terrible, Horrible, No Good, Very Bad Day (New York: Atheneum; Simon & Schuster, 1972). 2 Ошол эле жерде. 3 Ошол эле жерде. 4 George Lewis Prentiss, More Love to Thee: The Life and Letters of Elizabeth Prentiss (Amityville, N.Y.: Calvary, 1994), 374. 5 Harry C. Green and Mary W. Green, «The Pioneer Mothers of America», 1912, cited in The Christian History of the American Revolution: Consider and Ponder, comp. Verna M. Hall (San Francisco: Foundation of American Christian Education, 1988), 76. 6 R. Arthur Mathews, Ready for Battle: 31 Studies in Christian Discipleship (Weaton, Ill.: Harold Shaw, 1993), 123, 71. 7 William Law, cited in Daily Strength for Daily Needs, ed. Melvin E. Dieter and Hallie A. Dieter (Grand Rapids: Francis Asbury, Zondervan, 1986), 132. 8 Hannah Whitall Smith, God Is Enough, ed. Melvin E. Dieter and Hallie A. Dieter (Grand Rapids: Francis Asbury, Zondervan, 1986), 132. 9 Larry Crabb, Finding God (Grand Rapids: Zondervan, 1993), 17–18. 10 Frances R. Havergal, Like a River Glorious. 11 Susan Hunt, The True Woman (Wheaton, Ill.: Crossway, 1997), 75. [1] Бул жерде жана кийин да аялдын фамилиясы берилбейт, демек анын аты жана окуядагы башка майда-чүйдө нерселер анонимдүүлүк үчүн өзгөртүлгөн. [2] Башка котормо: «Сен ачууланганга кандай укугуң бар?» — Котор. эскер. [3] Башка котормо: «Өсүмдүк үчүн ушунчалык капа болгонго сенин кандай укугуң бар?» — Котор. эскер. [4] Башка котормо: «Мен чектен чыккандай… өлгүдөй капа болдум». — Котор. эскер. [5] Эки жыныстагылар үчүн тең жашоонун бардык сфераларында абсолюттук түрдө бирдей укукка негизделген жашоо стили. — Котор. эскер. [6] Башка котормодо «анан, жанында жүргөн күйөөсүнө да берди…» — Котор.эскер. [7] Сиздин сезимдериңизди кошкондо! — Авт. эскертүүсү [8] Башка котормодо: «Сен ачууланганга укугуң барбы?» — Котор. эскертүүсү [9] Марта Стюарт — АКШдагы белгилүү телешоу алып баруучу; үйлөрдүн дизайны, ремонт, бактар, бөлмөдө өстүрүлүүчү өсүмдүктөр — идеалдуу жашоо шартын түзүү үчүн эмне керек болсо, ошолор боюнча адис. — Котор.эскер.