Жош Макдауэлл, Боб Хостетлер МИФТЕР ЖАНА ЧЫНДЫК КИРИШҮҮ Ал Пикассого окшоп таланттуу болсо керек. Бирок айырмасы, Пикассо – сүрөт тарткан, а биздин каарманыбыз болсо — жасалма акчаларды тарткан. Өз ишинде ал мыкты болгон. Анын чебердиги жөнүндө уламыштар айтылып калган. Ал качандыр-бир жасалган жасалма акчалардын ичинен эң мыктысы болгон акчаны басып чыгаруучу штамптардын топтомун жеткилең кылуу үчүн толук бир жыл эмгектенген. Аны кармаган учурда, бул «сүрөтчү» аны кармаганы келген атайын кызматтын кызматчыларын текшерүүнү чечкен. Ал үлгү болгон 20 доллардык купюранын жанына өзү жасаган жасалма акчаны коюп койгон. «Мелдешели, силер бул эки купюранын ортосунан эч кандай айырма таппайсыңар» — деп ал тартип сакчыларына чакырык салды. Казначей талашкан жок. «Эч кандай айырма жок, — деп жооп берди ал. Сиз үлгү катары кабыл алганыңыз да жасалма». Көп машайакчы өспүрүмдөр да азыркы күндө ошол эле катаны кетирип жатышат. Алар ата-энеси эмнеге ишенсе, ошол ишенимди кыңк этпестен кабыл алышат. Алар өз досторунун көз караштарына ойлонбой эле макул болушат. Коом кабыл алган баалуулуктарды өздөштүрүшөт. Алардын жыйынындагы адамдарга мүнөздүү болгон жүрүш-туруш стилин өздөрүнө копия кылып алышат. Бирок, тилекке каршы, алар чагылдырган нерселердин көпчүлүгү — жасалма акча чыгарган окшоп, чындыгында жасалма. Энни коллежде дүйнөлүк адабияттарды окуу боюча тизмеге Ыйык Китепти киргизүүнү сунуш кылганын башкалар кантип кабыл алганын көргөндө абдан таң калды. «Сен, балким, тамашалап жатасың, — дешти кээ бирлер ага. Ыйык Китепте, албетте, сонун бир нече миф жана уламыштар бар. Бирок сен биздин ага чын эле ишенип калышыбызды каалабайсың да?» Он алты жаштагы Саманта «машайакчылардын, буддистердин, мусулмандардын ортосунда эч кандай чоң айырма жок. Бардык диндердин маңызы бирдей эле: биз баарыбыз бейиште болгубуз келет, ал жакка барыш үчүн ар кандай жолдорду тааныйбыз» деген көз карашты ойлонбой туруп эле кабыл алат. Жигиттер менен кыздардын ортосундагы мамилени Кен жөнөкөй эле элестетип жүргөн. Анын түшүнүгүндө алар секс менен тыгыз байланышкан: «Сен муну кылган эмес болсоң, анда эркек эмессиң!» Ал үчүн жыныстык жашоонун башталышы — бул арноонун өзгөчө каада-салты, мында кичине бала эркек болот. Стефанинин ата-энеси менен болгон ачык сүйлөшүүсү дагы бир ишеничти ачыкка чыгарды. «Силер мага эмне жакшы, эмне жаман экендиги жөнүндөгү өз оюңарды таңуулай албайсыңар, — деп өз айтканынан кайтпады. Мен он сегиздемин. Мага акыл үйрөтүштүн эми кереги жок. Эгерде силер бирдемени жаман деп эсептесеңер, ал мен үчүн да жаман дегенди билдирбейт». Чындык кайда, ал эми жаңылышуу кайда? Өспүрүмдөр жана жаштар бул суроо менен ар бир кадамында кездешет: ата-эне бирди айтат, а достор башканы айтышат. Голливуддан чыккан фильмдер жашоонун башкача образын көрсөтөт, ал эми жыйын болсо мындай жашоого болбойт дейт. Кээде бул чындыгында адилеттүү, бирок көп учурда — мунун артында жөн гана мифтер турат. Китептин ар бир бөлүмү бөлүмдөгү материалдын негизинде түзүлгөн тапшырма менен жана ошол маселени ачып бере турган, Ыйык Китептен алынган бекемдөөчү ачкыч аяттар менен аяктайт. Авторлор сиздин бул барактарда жазылган мифтердин жалган жана болбогон сөз экендигине ынанганыңыздан кийин, «...силердин үмүтүңөр жөнүндө айтып берүүңөрдү сураган ар бир адамга момундук жана коркунуч менен жооп берүүгө дайым даяр» (1 Пет. 3:15) боло турганыңызга үмүттөнүшөт. Андан сырткары, сиздин ишенимиңиз эч кимде Кудай Сөзүн бурмалаган жана ага карама-каршы болгон каршылык ойлорду жаратпагандарга да каршы турууга даяр боло тургандай өссүн. КУДАЙ ЖӨНҮНДӨ МИФТЕР 1. КОСМОСТОГУ ПОЛИЦЕЙСКИЙ Кудай башкалардын ыракатын бузуу менен гана алектене тургандыгы жөнүндөгү миф Көп адамдар Кудайды галактиканын борборунда турган, транспорт кыймылын жөнгө сала турган, асмандагы кайсы-бир полицейский катары элестетишет. «Эй, силер! Ооба-ооба, силер. Силер ал жерде көңүл ачып жатат, окшойсуңар? Тез арада мунун баарын токтоткула!» «А силер, видеокассета мененсиңерби? Жашыңар канчада? Он алтыга жете элекпи? Бери жакка бергиле, жай жана эч кандай келесоолук көрсөтпөй!» «Ал эми бул караңгы бурчта өбүшүп жаткандар кимдер? А Синди, бул сенби? Албетте, бул Роберт да, башка ким болмок эле! Экинчи муну көрбөйүн. Болбоду дегенде, мен бул районду кайтарган кезде». Кудай башкалардын жашоосун бузуу менен гана алектенип жатат. Анткени бизге керек болгон нерсе — бул бир аз көңүл ачуу. Бирок Кудай бизге керек болгонду бүлдүрүүгө тырышып жатат. Биз шайтанды көңүл ачууну сүйгөн кичинекей жинге окшотуп элестетебиз. Флип Уильсон аттуу куудул ушуга окшогон фразаны айткан: «Муну кылганга мени шайтан тартты». Шайтан «дос» бизге убакытты көңүлдүүрөөк өткөргөнгө жардам берүү жөнүндө гана ойлоно тургандай болуп көрүнөт. Бул жалган. Шайтан үчүн сизге көңүлдүүбү же жокпу баары бир. Ал сизди өлгүдөй жек көрөт. Ал ансыз деле сизге асылуунун учурун күтөт. Элчи Петир айткандай, шайтан дайыма «кимди жутуп жиберсем деп издеп жүрөт». Ыйык жерде саякаттап жүргөн туристтерди алып баруучу гид алар таанышкан өлкөнүн бир өзгөчөлүгү жөнүндө айтып берген: «Сиздер, мүмкүн, өз өлкөңөрдө койлорду талаада жана жолдо аркасынан айдап жүргөн койчуларды көргөнсүздөр. Ал эми Палестинада баары тескерисинче — койчу дайыма жолду көрсөтүш үчүн койлордун алдында жүрөт». Туристтер койлордун биринчи үйүрүн көргөндө, алардын көргөнү алардын көңүлүн көтөрдү: адам алдында эмес, аркасында баратыптыр. Өзүн оңтойсуз сезген гид андан сурады: «Эмне үчүн сиз койлордун аркасында жүрөсүз? Мен дайыма Чыгышта койчулар өзүнүн аркасынан койлорду ээрчитет деп ойлочу элем». «Туптуура, — деп жооп берди бейтааныш адам. — Койчу койлорду өзүнүн аркасынан ээрчитет. Бирок мен койчу эмесмин, мен — касапчымын». Так ошондой эле, шайтан — касапчы. Ал эч кандай бизге кубаныч же ыракат тартуулайын деп суусаган жок. Ал аракет кылган жалгыз нерсе — бул сизди жеп жутуу. Ыйса баарын өз ордуна коюп, төмөнкү сөздөрдү айткан кезде бул мифти жокко чыгарган: Ууру [шайтан] уурдоо, өлтүрүү жана жок кылуу үчүн гана келет. Мен адамдардын өмүргө, ашып-ташыган өмүргө ээ болушу үчүн келдим. Жкн. 10:10 Шайтанга баары бир, сиздин көңүлүңүз көтөрүңкүбү же жокпу. Ал каалаган жалгыз нерсе — сизди уурдап, өлтүрүп жана жок кылуу. Кудай болсо таптакыр биздин кубанычыбызды жок кылайын деген жок. Ал биздин жашоого канааттанганыбызды, толугу менен канааттанып жашаганыбызды каалайт. Ал сиздин забурчу айткандай, өмүрдүн толуктугун жана кубанычын, «жыргалын» сезип жашаганыңызды каалайт: Сен мага өмүр жолун көрсөтөсүң. Сенин алдыңда — толук кубаныч, оң колуңда — түбөлүк жыргал. Заб. 15:11 Өзүңдүн көзүң жетсин Кудай башкалардын ыракатын бузуу менен гана алектене тургандыгы жөнүндөгү мифтин болбогон сөз экенине көзүң жетиш үчүн, төмөнкү тапшырманы аткар. Петирдин биринчи катынан 5-бөлүмдүн 8-аятын оку. Бул аятта шайтан кантип сүрөттөлөт? Эмне үчүн? Аюб китебинин 2-бөлүмүнүн 1–8 аяттарын оку. Шайтан Аюбду кантип сыноону ойлоду? Эмне үчүн? Захария пайгамбардын китебинин 3-бөлүмүнүн 1-аятын оку. Шайтан Ыйсага карата кандай кылайын деп жатат? Аян китебинин 12-бөлүмүнүн 10-аятын оку. Бул аятта шайтан жөнүндө айтылат. Ал «күндүр-түндүр» эмне кылды? Аюбдун жана Захария пайгамбардын китебинен азыр окуган аяттардын негизинде, сен «биздин бир туугандарыбыз» дегенде ким жөнүндө экендигин айта аласыңбы? Бул сөздөр сага да тиешеси барбы? 2. «ЖЫЛДЫЗДАР СОГУШУНДАГЫ» ЛЮКТУН КУДАЙЫ Кудай — бул бөтөнчөлүгү жок бир күч экендиги жөнүндө миф Жаңы эле «кум адамдардан» куткарылган Люк Скайуолкер спарталык Обай-ван Кеноби жашаган Татуин планетасында болуп калды. Люк Обай-ван анын атасы менен согушкан жедайлардын рыцарынын өзү экендигин аныктайт. Обай-ван ага анын атасына тиешелүү болгон жарык кылычын берет жана сөз арасында «күч» деген табышмактуу сөз айтат. «Күч?» — деп Люк кайрадан сурады. Ага Обай-ван мындай жооп берди: «Билесиңби, күч — бул жедайга бийлик бере тургандын өзү. Бул бардык тирүү жандыктар жарата турган энергетикалык талаа. Ал бизди курчаган бардык жерде жана биздин ичибизде. Бүт галактика ушул күч менен кармалып турат». «Жылдыздар согушу» аталган өзгөчө белгилүү болгон сериялуу фильмде ушуга окшогон ойлор айтылат. Көпчүлүк да Кудайды кандайдыр-бир «күч» катары элестетип, ушундай көз карашты карманышат. Алар үчүн Кудай — бул ааламды сырдуу образ менен каптап турган жана аны башкарган, өзгөчөлөнбөгөн формасы жок «энергия». Бирок бул болгону катардагы дагы бир миф. Кудай бардык жерде жана бүт ааламды башкара тургандыгы шексиз. Анын катышуусу бардык жерде, анткени Ал — Рух. Бирок бул деген Анын кандайдыр-бир сырдуу «күч» жана «кайсы-бир жерде болгон» көзгө илээшпеген «энергия» дегендик эмес. Ал «белгисиз болгон бирдеме» эмес. Кудай — таң каларлык угулганына карабастан, Инсан. «Мени сүйгөндөрдү мен да сүйөм, мени издегендер мени табышат» (Нак.сөз.8:17). Кудай Өзү жөнүндө өздүк ат атоочту колдонгонуна көңүл бургула. «Мени... мен... мени... мени...». Бул кандайдыр-бир «космостук энергияга» окшошуп жатабы? Белгисиз өзгөчөлөнбөгөн күч менен эч кандай жалпылыгы жок болгон Кудай бизге Ыйык Китепте «Ыбрайымдын, Ыскактын жана Жакыптын Кудайы» (Чыг. 3:15) катары ачылат. Ал Өзүнүн атын Мусага ачып берет. Өзүн өспүрүм болгон Шемуелге көрсөтөт. Ышайа менен ийбадатканада сүйлөшөт. Ал Жеремияга: «Мен сени энеңдин ичинде Өзүм жаратканга чейин эле билчүмүн, сен төрөлгөнгө чейин эле Мен сени ыйыктагам: сени элдерге пайгамбар кылып койгом» (Жер. 1:5) — деп кайрылат. Элчи Пабыл Аны «менин Кудайым» деп атайт, ал эми Дөөт падыша — «жетимдердин атасы жана жесирлердин коргоочусу» дейт. Бардык машайакчылар «бала кылган Рухту» кабыл алышкан, ошондуктан Кудайды «Абба, Ата» (Рим. 8:15) деп атай алышат. Кудайды, чыныгы Кудайдын жеке Өзүн сен кызыктырасың. Ал сенин атыңды билет. Ал Өз элине мындай деп кайрылат: «Анткени Мен сени Өзүмдүн алакандарыма жазып койдум...» (Ыш.49:16). «Ал силер үчүн кам көрөт» — дейт элчи Петир (1 Пет. 5:7). Ыйса айткан: «...силердин башыңардагы чачыңар да саналуу» (Мт. 10:30). Кудай убада берген: Силер Мага кайрыласыңар, Мага келесиңер, Мага сыйынасыңар, ошондо Мен силерди угам. Мени издейсиңер, эгерде Мени чын жүрөктөн издесеңер, табасыңар. Жер. 29:12–13 Муну Кудай сенин өзүңө убада кылган. Өзүңдүн көзүң жетсин Бул тапшырма сага Кудай — бул кандайдыр-бир күч деген мифтин жалган сөз экенине көзүң жетишине жардам берет. Бул бөлүмдүн акыркы абзацында мисал келтирилген, Жеремия пайгамбардын китебиндеги 29-бөлүмдүн 12- жана 13-аяттарын оку. Бул аяттагы бардык жеке ат атоочторду белгиле («мен», «сен», «мени» ж.б.у.с.). Ушул бөлүмдө мисал болуп келтирилген Жеремия пайгамбардын китебинен үзүндүнү тап (Жер. 1:5). Бул жердеги жеке ат атоочторду тегеректеп сызып кой. Мусанын экинчи китебиндеги Муса менен Кудайдын жолугушуусун окуп чык (Чыг. 3:1–15). Кудай 6-аятта Мусага кантип Өзүн тааныштырды? Ал 14-аятта Өзүн кандай ат менен тааныштырды? Кудай бул аяттарда канча жолу «Мен» деген ат атоочту колдонду (эсептеп жана жообун бул жерге жаз: ______)? 3. АК КӨҢҮЛ АЯЗ АТА Кудай Аяз Атага окшош деген миф «Мейли, Теңир, мен Сага Өзүңдүн бар экениңди далилдегенге мүмкүнчүлүк берем». Боб өз керебетинин жанына тизелеп отурду. Ал жети жашта эле, ал Кудайга аябай ишенгиси келди. Ошондуктан ал өзүнүн моюн сунбаган сары башын ийип, колдорун бекем кысып, улантты. «Кудайым, мен чындап Сага ишенгим келет. Эгер эрте менен ойгонгонумда, менин керебетимдин астынан миллион доллар таап алсам, анда Сен чындап бар экениңе ишенем. Анан эч качан шектенбей турган болом». Ал ошентип миллион долларды алган жок. Мүмкүн, ага Кудайга караганда акча кымбат болгону үчүндүр. А мүмкүн, ошол күнү эрте менен миллион доллар (албетте, ал майда купюра алууну каалаган) жөн гана анын керебетинин алдына батпай калгандыр. Себеби ал жакта ансыз деле толтура нерселер: «Монополия» оюну, тоодой үйүлгөн аскерлер, магнитофон, толтура кир кийимдер жана чаң болгон плюшка коендор менен аюулар бар болчу. Бирок, баарына караганда анын керебетинин алдында эрте менен акча жок болгондугунун себеби, анын Кудай жөнүндөгү ою туура эмес болгондугунда. Боб Кудайды суусундуктарды саткан автоматка окшоштурган: сыйынганда сага керек болгон нерсенин сүрөтү бар кнопканы басасың, анан сенин каалооң аткарылат. Же Кудайдын образы ал үчүн кар баскан алыс жерде отуруп алып, анын каалоосун аткара турган учурду күтүп жаткан Аяз Атанын образы менен бирдей болуп калган. Албетте, эгер ал тырышып жетиштүү түрдө сыйынса, аябай катуу ишенсе. Ал бул шартты аткараар замат, Кудай — але-оп! — ошол эле замат жети жашар баланын жанына жаккан нерсенин баарын асмандан ыргытып жиберет. Мындай ойлор кандай айтсаң да, бала үчүн толугу менен түшүнүктүү жана кечиримдүү. Бирок, тилекке каршы, көп адамдар чоң болуп калышса да, Кудайды алардын каалаган товарын сатып жаткан керемет автомат катары элестеткенин уланта беришет. Өздөрүнүн Кудай жөнүндөгү түшүнүгүндө алар Аяз Ата жөнүндөгү мифтин чегинен чыга алышпайт. Кудай сыйынууларга даярдык менен жооп берет. Ал айтат: «Мага кайрыл, Мен сага жооп берем...» (Жер. 33:3). Ал убада кылган: «Алар чакырардан мурун эле, Мен жооп берем. Алар сүйлөп жатканда эле, Мен угам» (Ыш. 65:24). Бирок сыйынуу — бул каалаган нерсеңди алыш үчүн автоматка сала турган тыйын эмес, ал эми ишеним болсо — бул учурда баса турган кнопка эмес. Кудай биздин жок нерсени эңсегенибизге жана кежирлигибизге баш ийбейт. Жети жашар Боб канчалык аракет кылып, миллион долларды алыш үчүн сыйынса да, канчалык бул нерсеге ишенсе да, ал баары бир эрте менен керебетинин алдынан тапмак эмес. Бул Кудай аны сүйбөстүгүнөн эмес. Же Кудай сыйынууга жооп бербейт дегендиктен эмес. Ал тургай, керебеттин алдында жетиштүү орун жок болгондугунан да эмес. Миллион пайда болгон жок, анткени Боб чынында сыйынган жок, а өз каалоосу жөнүндө ойлоду. Аяз Ата жөнүндөгү мифке карабастан, Кудай — бул белектерди жана ырайымды тарата турган, кандайдыр-бир асман автоматы эмес. Ал биздин майда-чүйдө болгон каалоолорубуздан жогору. Анткени бул — Сүйүүнүн өзү болгон кудуреттүү Кудай. Ал Өз балдарынын Анын төгүп жаткан сүйүүсүнө жооп беришин аябай каалайт. Ал биздин буюмду эмес, Аны сүйүшүбүздү; Ал биздин дүнүйөкордук сыйынууларбызга жооп беришин эмес, а Анын Өзүнө умтулушубузду каалайт. Ал бизге миилион доллар бере ала турганы үчүн эмес, а биздин Аны сүйүп жана Ага пайдалуу болушту каалагандыктан баш ийүүбүздү каалайт. Таң калыштуусу — биз Кудайды бардык нерсени сата турган автомат сыяктуу же ак көңүл Аяз Ата сыяктуу элестеткенибизди токтотоор замат, Анын Сөзү убада кылгандай, «...эмне сурасак да, Андан алабыз, анткени Анын осуяттарын аткарып жатабыз жана Ага жакканды кылып жатабыз» (1 Жкн. 3:22). Өзүңдүн көзүң жетсин Кудай Аяз Атага окшош деген мифтин абсурд экенине көзүң жетиши үчүн төмөнкү тапшырмаларды аткар. Төмөндө келтирилген аяттардын баары сыйынууга жооп ала турган шарттар жөнүндө айтат. Бул шарттарды бир сөз менен айтууга болот. Аны аяттын жанындагы сызыкка жаз. 2 Жылн. 7:14 _____________________________________ Жер. 29:13 _______________________________________ Мк. 11:24 _________________________________________ Жкп. 5:16 ________________________________________ 1 Жкн. 5:14 _______________________________________ ЫЙСА ЖӨНҮНДӨГҮ МИФТЕР 4. ЫЙСА — ПАЙГАМБАР Ак көңүл мугалим жөнүндө миф «Жиндер, кичинекей жиндер жана шайтанчалар, көңүл бурушуңарды суранам!» Тозоктун коркунучтуу үңкүрлөрүнүн биринде өтүп жаткан, кулаган периштелердин мыйзамсыз чогулушу ачык деп жарыяланды. «Бул каардуу улуу урматтуунун жетекчилиги менен өтүп жаткан чогулуш адамдардын биздин Душманыбыздын станына өтүп кетип жатканын алдын алуунун стратегиясын талкуулоого жана иштеп чыгууга арналган. Жийиркеничтүү Жамандык кылуучунун сунушун талкуулашыңарды сунуш кылам». Түрү суук, бети сөөлгө толгон жин алдыга чыгып, шайтандын чогулушундагыларга жүзү менен бурулду. «Менин жек көрүндү кесиптештерим, — деп баштады Жийиркеничтүү Жамандык кылуучу өз сөзүн, — мен биздин караңгы падышачылыгыбыздын окумуштуулары мүмкүн болгон секталардын уюмун жана оккультизмди жаратуу менен алек болушун, өз күч-аракеттерин биздин Душманыбыздын Уулун кадыресе эле “жакшы устат” деген ойду таратууга багыттоосун сунуш кылам». «Сениби..., Жийиркеничтүү Жамандык кылуучу! — деп сөгүндү анын каршылашы, өз такасына туруу менен. — Мындай сунуш үчүн, жашырылган Душмандын Уулуна болгон достук мамиле үчүн, сени биздин мыйзамсыз чогулушубуздун майдалап таштоосуна берүү керек!» Жийиркеничтүү Жамандык кылуучунун жанында турган бир нече жиндер тамшана өздөрүнүн дордойгон эриндерин жаланып алышты. «Сен кеңкелессиң, — жооп кайтарды Жийиркеничтүү Жамандык кылуучу. — Менин сунушумда эч кандай достук мамиле жок». Ал өз далысын менменсине оңдонуп: «Менин сунушум аябай айлакер». Дагы бир жин ордунан турду. «Кантип сен мындай кызык эмес ойду аябай айлакер деп атай аласың?» «Ооба, жөн гана, — жооп берди Жийиркеничтүү Жамандык кылуучу, — Аны дагы бир “жакшы устат” деп атоо менен, биз ошол эле жерде Аны Муса, Заратустра, Мухаммед менен бир катарга коюп коебуз... Жана бул мактоо түрүндөгү каргыш болуп калат». Үйүлгөн топ Жийиркеничтүү Жамандык кылуучунун оюнун айлакердигинин баарын түшүнүп, тынчып калды. «Кантип силер түшүнбөйсүңөр, келесоолор, эгер адамдар Ал болгону “жакшы устат” деп ишенип калышса, анда алар Ал — Теңир, Анын табияты — Кудайлык деп билбей калышат эмеспи». «Жоок, — деп каршы болду Күңкүлдөк деген жин. — Алар мындайга алданып калышпайт! Ал чынында Ким экендигин баарына ачык түшүндүрдү». «Күңкүлдөк туура айтат, — деп бакылдашты башкалар. — Адамдарда Китеп бар. Алар Анын Өзү жөнүндө: “Мен Ыбрайымдан мурун эле бар болчумун” дегенин билишет (Жкн. 8:58). Алар Анын дүйнө жаралганга чейин эле Атасы менен бөлүшкөн даңкы жөнүндөгү сөзүн окушкан». «Мына ошондой, аңкоо, — кошумчалады Күңкүлдөк. — Алар Анын адамдардын бардык ойлорун жана алардын жүрөгүндө болуп жаткан нерселердин баарын билгенге, ошондой эле күнөөлөрдү кечиргенге бийлиги бар экендигин айтканын билишет. Ал Өзү аларга айткан: “Мен асмандан келгенмин”. Алар Анын өлгөндөн тирилүүгө бийлиги бар экендигин айтканын жана Анын тирилүүсүн далилдеген күбөлөр болгондугун билишет. Алар жөнөкөй адам, кадыресе “жакшы устат” ушундай нерселерди жасай алат дегенге ишене турган акылсыздар эмес!» «Андан сырткары, — салтанат менен өз сөзүн бүтүрдү Күңкүлдөк, — Ал Өзү жөнүндө айткандары — чындык эмес болсо, анда Ал эч кандай “жакшы устат” эмес экендигин алар моюнга алганга туура келет... Анда Ал же жалганчы, же келесоо!» Залда нааразычылык күчөп кетти. Жийиркеничтүү Жамандык кылуучунун жанында турган жиндер кайрадан катаал жазаны күткөндөй жаланып алышты, бирок ал башындагыдай эле ишенимдүү түр көрсөттү. «Мен жек көрүндү жолдошторума биз өзүбүз каалаганыбызды көп убакта аткарта турган адамдык алсыздыктын бирөөсүн эскертким келет. Өлө тургандар көп кезде өздөрү чындыкты билишсе да жалганды тандап алышат. Душмандын Уулунун Өзү бир жолу Өз сөзүндө айткан: “Эгер Мусаны жана пайгамбарларды угушпаса, өлгөндөрдүн арасынан бирөө тирилип келсе да ишенишпейт”». Жийиркеничтүү Жамандык кылуучу өзүнө ыраазы боло күлүмсүрөп отурду. Аны курчаган ачка жиндер көңүлү чөккөн көз караштар менен бири-бирине тигилишти. «Жийиркеничтүү Жамандык кылуучунун сунушу, — деп бакырды төрага, — шайтандык чогулушта макул табылды. Ушул учурдан тартып “жакшы устат” жөнүндөгү миф тозоктун официалдуу стратегиясы деп кабыл алынды». Өзүңдүн көзүң жетсин Жакшы устат жөнүндөгү мифтин болбогон сөз экендигин далилдеш үчүн, төмөнкү тапшырмаларды аткар: Ыйсанын Өзү жөнүндө айткан сөздөрүн Жаңы Осуяттан алынган аяттардын шилтемелери менен бириктир. А. Мт. 5:17 «...Аны (өмүрдү) берүүгө жана кайра алууга бийлигим бар...». Б. Мат. 12:8 «Мен силерге бардыгын алдын ала айттым...». В. Мат 24:30 «...Менин сөзүмдү аткарган адам эч качан өлбөйт». Г. Мк. 2:10 «....Адам Уулунун асмандагы булуттар үстүндө улуу күч жана даңк менен келе жатканын көрүшөт». Д. Мк. 13:23 «Анткени Адам Уулу — ишемби күндүн да кожоюну». Е. Лк. 12:9 «Аял Ыйсага: «Машайак келерин билем. Ал келгенде, бизге баарын айтып берет», – деди. Ошондо Ыйса ага: «Сен дал ошонун Өзү менен сүйлөшүп турасың», – деди». Ж. Лк. 22:70 «...Уулу да каалаган адамына өмүр берет». З. Жкн. 4:25, 26 «Ал эми ким адамдардын алдында Менден баш тартса, Кудайдын периштелеринин алдында Мен да андан баш тартам». И. Жкн. 5:21 «Мен тирилүүмүн жана өмүрмүн. Мага ишенген адам өлсө да, тирилет». К. Жкн. 8:51 «...Адам Уулунун жер үстүндө күнөөлөрдү кечирүүгө бийлиги бар...» Л. Жкн. 10:18 «Мен мыйзамды ...аткаруу үчүн келдим». М. Жкн. 11:25 «Ошондо бардыгы Ага: «Демек, Сен Кудайдын Уулу экенсиң да?!» – дешти. Ыйса аларга: «Менин Ошол экенимди өзүңөр айтып жатасыңар», – деп жооп берди». 5. ЫЙСА — ЖӨН ГАНА УЛУУ АДАМ Супержылдыз жөнүндө миф XX кылымдын 70-жылдарынын башында коюлган Эндрю Ллойд Вебердин «Ыйса Машайак — супержылдыз» деген рок-операсы кескин түрдөгү карама-каршы сын-пикирлерди пайда кылган. Бирөөлөр бул «Кудайга акарат келтирүү» дешсе, башкалар — бул «шедевр» дешти! Анда Мария Магдалина Ыйса жөнүндө ыр ырдаган эле, ал кийинчерээк бүт радиостанцияларда хит болуп калган. Ал ыр «Мен Аны кантип сүйүштү билбейм» деп аталган. Бул ырда Мария Магдалинанын Ыйсага болгон романтикалык сүйүүсү жөнүндө ырдалганы аз келгенсип (Ыйык Китепте бул жөнүндө эч сөз жок), анда Ыйса Машайак жөнүндөгү кеңири таралган мифтин чагылуусу болгон сөздөр бар. Мария: «Ал — адам. Ал бар болгону адам», — деп ырдаган. Бул миф. Ыйса чынында адам. Ал мал сарайда аялдан төрөлгөн. Силердин араңарда кимиңер мал сарайда болгон болсоңор, Ыйса бул жарык дүйнөгө келген кезде, Аны курчаган жыттарды элестете аласыңар, — мүмкүн, ал жага турган жыттар эмес. Бирок, супержылдыз жөнүндөгү мифке каршы, адамдык табият — Ыйсанын табиятынын бир бөлүгү гана. Ыйык Китеп Анын табиятынын эки беттүүлүгү жөнүндө ачык-айкын айтат: «Анткени силердин ой жүгүртүүңөр Машайак Ыйсаныкындай болушу керек. Ал Кудайдын бейнеси болгонуна карабастан, Өзүнүн Кудай менен теңдигин олжо деп эсептеген жок. Бирок кул кейпин кийип, адамга окшош болуп, сырткы көрүнүшү боюнча адамдай болуп, Өзүн Өзү басынтты» (Флп. 2:5–7). Элдер бир нече кылымдардан бери Ыйсанын кош табиятын түшүнө албай келишет. Кээде машайакчылар (Ллойд Вебердей таланттуу болгон машайакчы эместер да) Ыйсанын адамдык табиятына көп маани беришкендиктен, Анын кудайлык табиятын көмүскөдө калтырышкан. Башкалар, тескерисинче, Анын адамдык табиятын таптакыр жокко чыгарууга аракеттенишкен. Жыйынтыгында көп адамдарда Ыйса Машайак жөнүндөгү бир тараптуу гана түшүнүк калат. Бул учурда Кудайдын Сөзү шектенүүгө эч кандай орун калтырбайт. Ал — Кудай (Мт. 1:23); ошол эле учурда Ал — толугу менен «Ыйса Машайак болгон адам» (1 Тим. 2:5). Классикалык «Миң бир түн» деген араб жомогунда Багдаддын халифи жөнөкөй дыйкандын кийимин кийип алып, анын эли кандай жашап жаткандыгын көзү менен көрүш үчүн шаардын көчөлөрүндө басканы тууралуу айтылат. Ыйса бул халифтен алда канча жогору нерсе жасады. Ал жөн гана өзүнүн падышалык абалын убактылуу курмандык кылып койгон жок — Ал «кулдун кейпин» кийди. Ал — Кудай жана падышалардын падышасы — асмандан жерге келди. Жакан, Машайактын шакирти, Устаты баскан чаң жолдо баскан, Аны менен жердеги тамакты, балыкты жана нанды бөлүшкөн, адам катары таанып билген Ал жөнүндө мындай деп жазган: Эң башында Сөз [Ыйса] болгон, Сөз Кудайда болгон жана Сөз Кудай болгон. Жкн.1:1 Өзүнүн Жакшы Кабарынын бул белгилүү киришүүсүндө Жакан «Сөз» дегенде Кимди айтып жатканына эч кандай шектенүү калтырбайт. Сөз адам болуп, биз менен жашап турду. Биз Анын даңкын, Атанын жалгыз Уулунун даңкын көрдүк. Ал ырайымдуулук менен акыйкатка толо эле. Жкн. 1:14 Өзүңдүн көзүң жетсин Супержылдыз жөнүндөгү мифтин жалган экендигине ынаныш үчүн бул тапшырманы аткар. Ыйса жана Анын шакирттери адамдык табынууга ким татыктуу экендигин билген жүйүттөр болушкан. Ыйык Жазуудан алынып көрсөтүлгөн үзүндүлөрдү оку жана бул аяттарга ылайык кимге табынуу керектигин ар биринин карама-каршы жагына жаз. Чыгуу. 20:3 ______________________________________ Мый.кай. 6:14–15 _________________________________ Лк. 4:8 ___________________________________________ Эми кийинки аяттарды оку жана Ыйык Китептеги бул аяттарга ылайык кимге табынуу керектигин көрсөт. Мт. 2:2,11 ________________________________________ Мт. 28:17 _________________________________________ Эвр. 1:6 __________________________________________ Ыйык Жазуу Кудайга гана табынуу керектигин так айтат, сенин оюңча, Ыйса жөнүндөгү аяттардын негизинде кандай жыйынтык чыгаруу керек? 6. СУСАЛДЫК ЫЙСА Жоош жана жумшак Ыйса жөнүндөгү миф Эгер силер Ыйса алсыз болгон жана кулакка жага турган үн менен сүйлөгөн; же эгер Аны көп учурда сүрөтчүлөр өз сүрөттөрүндө тарткандай назик колдуу деп элестеткен болсоңор, анда терең адашасыңар. Ал Акын болгон, бул туура, Ал асмандагы канаттуулар жана талаада өскөн лилиялар жөнүндө көркөм сүйлөй алган. Ал нан жапкан аялдар жөнүндө жана тор салган балыкчылар жөнүндөгү окуяларды жамактаган сонун Аңгемечи болгону да туура. Ал кичине балдарды тизесине отургузуп тербеткен жана алардын көңүлүн көтөргөн боорукер Назареттик болгону да туура. Ал чынында башкаруучулардын алдында толугу менен тынчтыкта турган жана бир да сөз чыгарбастан ачуу шылдыңдын баарын көтөргөн Туткун болгон. Бирок ошону менен бирге Ыйса чыныгы эркек болгон. Колун чор баскан Жыгач Уста болгон. Чөлдө узакка жол кезүүгө көнгөн Жолоочу болгон. Ушунчалык тайманбас Эр болгондуктан, Өз мезгилиндеги коррупцияга берилген башкаруучуларга каршы кескин түрдө «акталган мүрзөлөр», «сокур жетелеп жүрүүчүлөр» жана «жылан тукумдары» деп атай алган. Ыйык Китепти изилдөөчү Дж. Б. Филлипс мындай деген: Татыктуу жыйын гимнин жазуу үчүн «жаш бала» деген сөз менен бирге абдан аз сөз уйкаштырылганы аябай өкүнүчтүү. [Болбосо] бизге бала кезибизде биздин арабыздан жүз миңдегендерибиз ырдын кайырмасын ушунчалык көп укпайт элек: Боорукер Ыйса балага карайт, Кичинекей балага жумшак жана момундук менен карайт. ...«Момун» деген сөздү биз билип туруп эле, өз убагындагы динчил адамдарга экиленбестен туруп, алардын эки жүздүүлүгүн ачык айткан адамдын көз карашын мүнөздөө үчүн колдонобуз; каарданган топ элдин арасынан өтүп, аман-эсен калганга руху жеткен адамды; Ал ушунчалык белгилүү болгондуктан, бийликтегилер коом үчүн коркунучтуу деп эсептеген адамды; ...Ага жакшылык каалаган досторунун жалынганына карабай, Ал үчүн өлүм эмне экенин билип туруп, ошону көздөй атайын жөнөгөн эр жүрөк адамды мүнөздөө үчүн колдонобуз! Көпчүлүк үчүн Ыйсага карай алсыз, сентименталдык жана аялдай назик деген көнүмүш болгон көз караш — кезектеги дагы бир миф. Ал чынында эле боорукер болгон. Ал момун болгон. Бирок Анын боорукердиги жана момундугу күч жоктугун билдирбейт; чынында бул көзөмөлдүн алдында болгон күчтүн белгиси. Жакшы Кабарда жазылгандай, Ыйса Иерусалимдеги Кудайдын ийбадатканасына киргенде, ал жерде көргөн нерселерге абдан каары кайнаган жана Өзү бардык сатуучуларды жана акча алмаштыруучуларды кууп чыккан (бул бир эле жолу болгон эмес). Алардын бири дагы бул адилеттүү каардын тутанганына каршы болгонго же сокку бергенге даай алган жок. Андан сырткары, Анын ордунда башка бирөө болгондо катуу жазалана турган нерсени жасаганына карабастан, Ал ийбадатканада окутуш үчүн эле эмес, Марктан болгон Жакшы кабарда жазылгандай сатуучулардын кайра кайтып келишине жол бербеш үчүн калган. Ыйса жамандыкка момундук менен мамиле кылган эмес. Ал эки жүздүүлөргө жумшак болгон эмес. Ал жаман иштерге жооп катары жумшак жылмайган эмес. Албетте, Ыйса балдарды сүйгөн жана аларды кубаныч менен тизесине алып отурган адам болгон, бирок Ал ошол эле кезде Өз душмандарына камырабастан караган. Өзүңдүн көзүң жетсин Момун жана жумшак Ыйса жөнүндөгү мифтин болбогон сөз экендигине көзүң жетиши үчүн бул тапшырманы аткар. Лукадан болгон Жакшы кабардын 13-бөлүмүндөгү 31–33 аяттарды оку. Ыйса Анын жашоосуна коркунуч туулгандыгын айткан фарисейлерге кантип жооп берет? Ал Иродду кантип атайт? Бул учур бизге Ыйса күчтүү мүнөзгө ээ болгонун көрсөтөбү? Матайдан болгон Жакшы кабардын 23-бөлүмүнөн 1–39 аяттарды оку. Ыйса фарисейлер жана мыйзам окутуучулар жөнүндө айткан сөздөрүнүн күчүнө жана бет карама эместигине көңүл бур. Аларга берилген энчилерди жазып чык: 13-аят ___________________________________________ 16-аят ___________________________________________ 17-аят ___________________________________________ 19-аят____________________________________________ 33-аят ___________________________________________ 7. ЫЙСА — КЫЯЛКЕЧ Булут арасында кыялданып жүргөн Ыйса жөнүндөгү миф «Мени кара, жигит, — деди Дэн мени теше тиктей, — мага качандыр-бир эки миң жыл мурун жашаган кайсы-бир кичине адам, ак кийим кийип алып, айылдарды аралап, көп убактысын элге ар кандай аңгеме айтып өткөзгөн адам азыркы менин жашоомдо бирдемени өзгөртөт деп калпты чындай айтпай эле кой». Ал колун мойнуна өткөрө, мунун баары аны тажаткандыгын мага түшүндүрдү. «Менде болбогон нерселерге убакыт жок, — деп улантты ал. — Мен Ыйса жөнүндөгү бул окуялардын баары аялдар жана балдар үчүн жакшы деп айткым келет, алар ар кандай тамсилдерди жакшы көрүшөт, бул аларга пайда да болот... Бирок мага кайдан. Тез аранын ичинде бир машинанын бузулган жерин тартипке келтирип, башканын кыймылдаткычын оңдогон жигитке Ыйсанын эч кандай тиешеси жок». Дэн бүгүнкү күндө Ыйса жөнүндө көпчүлүк ойлогон нерсени кайталап жатты. Алар үчүн Ал — башынын айланасында жалтырак тегереги бар ак кийим кийип, жылмайып турган, автомобилдин прибордук панелиндеги пластикалык фигурага окшогон фигура. «Ыйса, — дешет алар, — санаасы менен учуп жүргөндөр үчүн. Бирок Ал университетте физиканы окуп үйрөнүп жаткандар үчүн, же фабрикада иштегендер үчүн же баласынын тиши үчүн пластина керек болгондор үчүн эч кандай тиешеси жок». Ыйсанын азыркы жашоого болгон мамилеси космоско учкусу келген оюнчук ракетадай. Бул миф. Буддизм жана конфуцианствого окшогон машайакчы эмес диндердин негиздөөчүлөрү өз жашоолорун ой жүгүртүү жана кыялга батуу менен өткөргөн адамдар болгону чындык. Ыйса талыкпай эмгек кылган. Ал жыгач уста болгон. Анын устаканасын ушундай элестетем, эшиги Назареттин чаң көчөлөрүнүн бирине караган, кире беришинде «Ыйса, Жусуптун уулу, жыгач уста» деген такта илинген. Мен Анын устанын столуна кысылган кедр дарагынан жасалган досканын үстүнө кантип эңкейгенин көрөм. Ал териден жасалган алжапкыч кийген, чекесинен тердин тамчылары аккан. Ал бычакты тартып, андан кийин жыгач балканы колуна алат. Устакана полго төшөлгөн кедрдин кырындыларынын жыты менен толгон. Назареттик Ыйса он сегиз жыл же андан да көп иштөө менен жыгач устанын жеңил эмес эмгегин Өзүнүн башынан өткөргөн. Анын колдору булчуңдуу болгон, ал эми алаканын чор баскан. Ал ишти кантип алып баруу менен: смета түзүп, буюртмаларды кабыл алып, баасын коюу менен да тааныш болгон. Ал үй-бүлө жөнүндө кам көрүүнү билген. Жусуп өлгөндөн кийин Анын каржылоосунда калган Анын кичүү инилери жана карындаштары болгон. Ал балдарды кийим менен кантип камсыз кылууну же базардагы соодагерлердин товарынын баасын кантип түшүрүүнү да билгени шексиз. Назареттик Ыйса кандайдыр-бир кыялкеч ыйык болгон эмес. Анын дүйнөсү биздикиндей эле, чаң баскан жана көп учурда жаман жыттанган. Анын колдору кир болгон. Көп убакта Ага жылаңач жердин бетине уктаганга туура келген. Анын жердеги жашоосу бүткөн кезде, канынын баары төгүлүп, азаптуу өлүм менен өлгөн. Баары бир Ыйса менен сенин жашооңдун ортосунда чоң айырма бар. Анын өмүрү менен өлүмү «Ага ишенгендердин» баары үчүн кечирим жана куткарылуу алып келди (Жкн.3 :16). Өзүңдүн көзүң жетсин Булуттардын арасында кыялданып жүргөн Ыйса жөнүндөгү мифтин сандырак сөз экендигине ынануу үчүн төмөнкү тапшырмаларды аткар. Марктан болгон Жакшы кабардын 6-бөлүмүнүн 1–6 аяттарын оку. Ыйсанын шаары болгон Назареттеги элдер Аны кандай көрүүгө көнүп калышкан? Алар үчүн Ал: • Элден безип жашаган адам болгонбу; • Кыялга батып жашаган адамбы; • Ыйык монахпы; • Эмгекчил адам болгонбу? Бул аяттардан Ыйсанын карындаштары жана инилери жөнүндөгү орундарды белгиле (Матайдан болгон Жакшы кабардын 13:53–58 аяттарындагыларды да белгиле). Алар Ыйсадан кичүү деп айтууга болобу? Бул үзүндүдө алар Андан кичүү экендигин жана мурдагыдай эле Назареттеги үйдө жашагандыгын тастыктаган сөздөр барбы? 8. АК ТЕРИЛҮҮ ЫЙСА Расалык артыкчылык жөнүндөгү миф Америкалыктардын жана европалыктардын көпчүлүгү Назареттик Ыйсаны Чарлтон Хестонго же Уильям Дефого окшоштуруп сүрөттөшөт. Кара коңур чачтуу жана кара көздүү, сулуу кылып. Жана эң башкысы — албетте, ак терилүү. Чыгыш тибинде. Мүмкүн, күнгө күйгөн, бирок ак экендиги ачык айкын. Мындай «ак» типтегилерди Калифорниядан, же Миннеаполистен, же Пиориядан (Иллинойс штаты) кезиктирүүгө болот. Бирок бул миф. Бул мифти түзүш үчүн көп адамдар жана кыймылдар бириккен. Ку-клукс-клан ак протестанттарды каралардан, жүйүттөрдөн жана башкалардын баарынан артык экендигин насааттайт. Биздин кээ бирлерибиз Ыйса алар тарапта деп элестетет, анткени Ал аларга окшоп ак болгон. Гитлердик улутчул кыймыл жаңы башталган кезде, Ыйсанын өлүмү элдин массасын эврейлерге каршы тукурууга башкы аргумент катары колдонулган. Улутчулдардын «Жакшы кабары» эмне үчүн ак ариялыктар калгандардын баарынан артыкчылыкка ээ экендигин майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүргөн. Алар, албетте, өздөрүнө Ыйса алар тарапта деп элестетишет. Анткени, акыр түбү Ал да «ак» болгон, туурабы? Айкаш жыгач көтөрүп жүргөндөр. Инквизиция. Падышалык Россиядагы массалык өлтүрүүлөр. Кулдарды Жаңы Жарыкка киргизүү. Расалык артыкчылык жөнүндөгү миф тарыхтагы көптөгөн жийиркеничтүү кылмыштардын жана жырткычтыктардын себеби болуп калды. Расалык артыкчылык жөнүндөгү миф азыр да бар. Элдер мурдагыдай эле Ыйсаны англо-саксондук мүнөздөгү куткаруучу деп сүрөттөшөт. Алар Аны назик кызыл терилүү кылып сүрөткө тартышат. Алар Ага евро-америкалык элестетүүлөр ой туудургандай сырткы көрүнүштү, кандай класска тиешелүүлүгүн жана адаттарды кошумча кылып коюшат. Балким, Ыйсанын терисинин түсү кадыресе америкалык же европалык адамга караганда бир кыйла карараак болуш керек. Ал эврей болуп төрөлгөн, эврейдей жашаган жана Өзүнүн бүт өмүрүндө эврей бойдон калган. Анын Ортоңку Чыгыштын бардык элдериндей болгон кара тору териси, мүмкүн, Ал ак терилүү римдик Пилаттын жанында турганда андан бетер кара күрөң болуп көрүнгөндүр. Ыйса биздин дүйнөгө анык бир жерге, белгилүү бир убакта келип, белгилүү расалык белгилерге (голливуддук фильмдерде көрсөтүлгөн америкалыктардын расалык белгилеринен бир кыйла айырмаланган) ээ болгонуна карабастан, Ыйса деген сөздүн кеңири мааниси расалык чектерден жогору. Ал жүйүт болгон, бирок буга карабастан самариялык аял менен эркин жана сыйлоо менен аңгемелешкен. Жүйүттөрдүн салттары башка ишенимдегилердин үйүнө кирүүгө тыюу салган. А римдик жүз башы Ага келип, анын үйүндө кыйналып ооруп жаткан кулун айыктыруусун суранган кезде, Ыйса: «Мен келип, аны айыктырам», — деген (Мат. 8:7). Кызын айыктыруусун өтүнүп жалынган канаандык аял (канаандыктар башынан эле ысрайылдыктардын душманы болушкан) Анын артынан ээрчип алган кезде, Ыйса бул аялдын ишеними кандай зор экендигин белгилеп, анын кызын айыктырган. Ал да расалык дискриминациянын курмандыгы болгон учур кездешет. Бир жолу Ал самариялыктардын айылы аркылуу өтүүгө туура келген, бирок Аны кабыл алышкан эмес, анткени самариялыктар Анын Иерусалимге бараткан ысрайылдык экенин билип калышкан. Ыйса адам болгон кезде дуушар болгон коомдо адамдар үч негизги белги аркылуу бөлүнүшкөн. Алардын укугу, артыкчылыгы жана абалы алардын улуту (эврей же эврей эмес), классы (кул же эркин адам) жана жынысы (эркек же аял) боюнча аныкталган. Бирок, буга карабастан, Ыйса өткөндү жаман көргөзүү менен радикалдуу ажыроону билдирген Жакшы кабар алып келди. Пабыл бул ойду ачык сөз формасында мындай айткан: Анткени силер, бардыгыңар, Машайак Ыйсага болгон ишенимиңер аркылуу Кудайдын балдарысыңар. Анткени силер, бардыгыңар, Машайактын урматына чөмүлдүрүлүп, Машайактын бейнесин кийдиңер. Мындан ары силердин араңарда жүйүт да, эллин да, кул да, эркин адам да, эркек да, аял да жок, анткени бардыгыңар Машайак Ыйсанын ичинде бирсиңер. Гал. 3:26–28 Ыйсанын жолдоочулары Ага терисинин түсү же башка физикалык белги боюнча окшош болушу керек эмес, бирок алар адамдарды алардын жынысы, аныктуу бир класска же расага тийиштүү болгонуна көз карандысыз эле кабыл алып жана сүйгөнү боюнча окшошуусу керек. Ыйсаны ак бала ак кылып көрөт, Бөбөктү бүгүн бизге төрөлгөн. Ыйсаны ак бала ак кылып көрөт, Ал лилия сыяктуу, кардан да ак. Ыйсаны кара бала кара кылып көрөт, Мариянын Уулу, Машайак уктап жатат. Ыйсаны кара бала кара кылып көрөт, Дүйнөнү көз жаштан сактай турган. Ыйсаны сары бала сары кылып көрөт, Көзү жүлжүк, бирок кара. Ыйсаны сары бала сары кылып көрөт, Анан ал Анын алдында тизе бүгөт. Ыйсаны кызыл бала кызыл кылып көрөт, Асмандан түшкөн Куткаруучуну. Ыйсаны кызыл бала кызыл кылып көрөт, Периштелер ырдашат Жакшы кабарды. Дүйнөнүн ар кандай түстөгү бардык балдары Төмөнкүдөй сүрөттү көрүшөт: Мал акырда аларга окшогон Ыйса Жылмайып бакытта жана тынчтыкта жатат. Бардык түйшүктөрдү четке жылдыралы, Сүйүү менен өз жүрөгүбүздү алып келели, Бейт-Лехемде түнү төрөлүп, Бизге Атанын сүйүүсүн ачып Бергенге. «Аны балдар көрүшөт», сөзү Уайл Хатсондуку, Музыкасы Альфред Берттики, TRO автордук укук, 1954 (жаңыланган), 1957 (жаңыланган), Hollis music, Inc., New York, N.Y. Used by permission Өзүңдүн көзүң жетсин Расалык артыкчылык жөнүндөгү мифтин болбогон сөз экендигине көзүң жетиш үчүн төмөнкү тапшырмаларды аткар. Төмөндө берилген Ыйык Китептеги аяттар бул бөлүмдө эске түшүрүлгөн аяттарга же эпизоддорго кирет. Ар бир бөлүмдү оку, негизги ойду атайын калтырылган жолго кыскача жаз жана бул бөлүмдүн четине туура келген Ыйык китептеги цитаталарды жазып кой. Лк. 9:51–56 _______________________________________ Жкн. 4:1–26 _______________________________________ Гал. 3:26–28 _______________________________________ Мт. 8:5–13 ______________________________________ Мт. 15:21–28 ____________________________________ ЫЙЫК КИТЕП ЖӨНҮНДӨГҮ МИФТЕР 9. БИРӨӨ, ЖАЛГЫЗ Ыйык Китеп — жөн гана дагы бир улуу китеп экендиги жөнүндөгү миф Силер, албетте, бул сөздөрдү уккансыңар. Балким, бир нече жолу. Көбүнчө мындай үн менен адамдар жан оорулуулар менен сүйлөшөт: «Сиз Ыйык Китепти регулярдуу окуйсузбу? Кызыктуубу?» Башка жолу кимдир-бирөө силерди далыңардан таптап (минтип көп учурда өзүнүн жактырганын билдирүү үчүн тил алчаак күчүктү тапташат): «Ооба, Ыйык Китеп — бул жакшы. Ал “Илиада” жана “Одиссеяга” караганда бир кыйла пайдалуураак», — деп айткандыр. Жана албетте, убактысы менен силер Синодалдык Ыйык Китеп үчүн текчесинде орун табылганы менен мактанган мугалим же профессорго учурасаңар керек — ал эч качан колго алынбаган, чаң баскан, бирок ошондой эле ал бул жерде — Платондун «Мамлекети», Вергилийдин «Энеидасы» жана Шекспирдин сочиненияларынын толук жыйнагы менен бирге турат. Бул миф. Ыйык Китеп — бул шедеврлердин бири эмес. Мындай китеп башка жок. Ал — бирөө, жалгыз гана. Эгер силердин адабият боюнча мугалимиңер аны класстагы башка китептер менен бирге китеп текченин бирине койгусу келсе, сен ага эң жогорку текчесине Ыйык Китеп коюш үчүн дагы бир китеп шкафын сатып алууну сунуштаганың жакшы. Ал жерде жалгыз ал гана турушу үчүн. Ыйык Китеп — уникалдуу. Сидни Колетт өзүнүн «Ыйык Китеп жөнүндөгүнүн баары» деген китебинде чыгыш адабиятын кырк эки жыл бою мыктылап окуган профессор М. Монтиро-Уильямстын сөзүн цитата келтирет. Ал айткан: «Бул китептерди, эгер, албетте, абдан кааласаңар, өз столуңардын сол жак четине жыйып койгула; бирок оң жагын — Ыйык Китеп үчүн калтыргыла. Аны баардык китептерден алыс, жалгыз калтыргыла. Ал менен Чыгыштын ыйык китептеринин ортосун чоң түпсүз туңгуюк бөлүп турат, муну эч качан бир да китеп басып өтө албайт». Ыйык Китеп — адабий чыгармачылыктын туу чокусу. Кээ бир китептерди бир өмүр өткөнчө жазышат; Ыйык Китепти жазыш үчүн он алты кылымга жакын убакыт талап кылынган. Кээ бир китептер — окумуштуулардын тобунун биргелешкен эмгеги; Ыйык Китеп — кырктан ашык ар кандай түрдөгү жана кесиптеги авторлордун — жумушунун жемиши — аны падышалар, дыйкандар, философтор, балыкчылар, ырчылар, мамлекеттик ишмерлер жана окумуштуулар жазышкан. Аны чөлдө жана үңкүрлөрдө, падыша сарайында жана куугунтукта жүргөндө, согуш учурунда жана тынчтык убактысында жазышкан. Ыйык Китеп үч континентте жана үч тилде жазылган; ал жүздөгөн ар кандай темаларды ачып берет. Андан өткүр поэзиялык ыр саптарын, тарыхый окуялардын ийне-жибине чейин сүрөттөлүшүн, өзүнө тартып турган биографияларды, каттарды, мемуарлар жана пайгамбарчылыктарды табууга болот. Ошону менен бирге, бул ар кандай образдагы китеп таң калыштуу түрдө эч кандай бөлүккө чачылып кетпейт. Мындай бүтүндүк бир окуянын биринчи барактан эң акыркы баракка чейин өнүгүшүнүн негизинде болот — бул окуя адамдын Кудай тарабынан куткарылышы. Бир жолу мага «Батыштын улуу китептери» деген ат менен китептердин сериясын басып чыгарган басмаканын өкүлү келди. Ал бул сериядагы китептерди сатуучуну издеп жүрүптүр жана ал жөнүндө мага айтып бериши үчүн беш мүнөтүн коротту. Ал бүткөндөн кийин, мен ага дүйнөдөгү эң улуу Китеп жөнүндө бир жарым саат айтып бердим. Мен ага кичинекей тапшырма бердим: бул сериянын бир класска, муунга, кылымга кирген, бир өлкөдө жашаган, бирдей тилде сүйлөгөн, окшош мүнөзгө ээ болгон, көп талаш-тартыш туудурган, окшош темасын жазган он авторун табуусун сурандым. Андан кийин мен минтип сурадым: «Бул суроо боюнча ошол авторлордун ою дал келет беле?» Ал киши жай гана: «Жок», — деп жооп берди. Анда мен сурадым: «Алардын китептери эмнеге окшош болмок?». Бул жолу ал ойлонбостон: «Ар кандай тексттердин топтомуна!», — деп жооп берди. Эки күндөн кийин бул адам өз жашоосун Машайакка тапшырды, анткени Ыйык Китептин жана анда жазылгандардын уникалдуу экендигин түшүндү. Өзүңдүн көзүң жетсин Ыйык Китеп — бул жөн гана дагы бир улуу китеп деген мифтин жалган экендигине көзүң жетиши үчүн төмөндө келтирилген шилтемелердеги аяттарды оку. Аларда Ыйык Китеп китептер менен эмес, а башка, күчтүү нерсе менен салыштырылат. Ар бир аятты көңүл коюп оку. Андан кийин Ыйык Китепти эмне менен салыштырганга болоорун жаз жана кандай негизде мындай салыштырса болоору жөнүндө ойлон. Мындан сырткары, ушундай салыштырууну башка бир китеп менен кылууга боло турганын белгиле. Жер. 5:14 ________________________________________ Жер. 23:29 _______________________________________ Рим. 1:16 _________________________________________ Эф. 6:17 __________________________________________ Эвр. 4:12 _________________________________________ 10. ЫЙЫК КИТЕП ЖАНА ШВЕЦАРИЯЛЫК СЫР Ыйык Китепте кездешкендей өңдөнгөн, тунарган жана так эмес жерлер жөнүндөгү миф Көп адамдар өздөрү түшүнөбү же жокпу, Ыйык Китепке: ал жерде чындап көп пайдалуу нерселер бар, бирок «тешиктер» да бар деп, швецариялык сырга карагандай карашат. «Албетте, Ыйык Китеп — бул пайдалуу жана шыктандыруучу китеп, — деп айтышат алар. — Өзгөчө мен 23-забурга окшогон забурларды жакшы көрөм, — ал ушунчалык кооз». Бирок эгерде алардын Ыйык Китепке болгон олуттуу мамилеси жөнүндө сурасаң, анда аягында алар мындай деп моюнга алышат: «Билесизби, Ыйык Китептегинин баары эле кемчиликсиз эмес. Мен ал жерде каталар жана башкалар бар деп айтам. Бирок бул мени оңтойсуздандырбайт. Кандай болсо да, аны тарых боюнча окуу китеби болсун деп жазышкан эмес. Ишенимдин жана окутуунун суроолорунда ал так десе болот». Бул миф. Көп учурда мындай деп айткандар өздөрү айткан «каталар» жөнүндө алыскы түшүнүктөргө гана ээ. Чынында Ыйык Китепте эч кандай «тешиктер» жок жана ал каталар менен толгон эмес. Бул көңүл эргиткен Кудай Сөзү, аны кыркка жакын ар кандай авторлор бир миң алты жүз жыл аралыгында таң калыштуу образда жазышкан. Ал таң каларлык түрдө катчылардын жан-дили менен иштеген эмгегинин жана окумуштуулардын тактыгы аркылуу биздин күнгө чейин сакталды. Эски жана Жаңы Осуяттар — бул байыркы убактан биздин күнгө чейин жеткен, бир кыйла так жана ишенимдүү документтер. Ыйсаны ээрчигендер Теңирдин Өзү Жазуунун тактыгына ишенген фактысын капарга албай коюшпайт. Ал айткан: «...Ыйык Жазуу өз күчүн жоготпойт» (Жкн. 10:35). Ал Жунус менен болгон окуяны талашсыз факт катары кабыл алган. Ал тургай Өзүнүн чөлдө шайтан менен кармашкан кезинде Жазуудан мисал келтирген. Адамдарды окуткан кезде ага бир нече ирет кайрылган. Ошону менен бирге Эски Осуяттын тарыхый майда-чүйдө нерселерине жана окуяларына анык маалымат катары мамиле кылган. Жаңы Осуятты жазгандардын баары Ыйсага окшоп, Жазуунун баары шексиз ырас экендигин далилдешет. Элчи Пабыл айткан: Ыйык Жазуунун бардыгы Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган жана үйрөтүү үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн, адилеттүү болууга тарбиялоо үчүн пайдалуу. 2 Тим.3:16 Башка элчилердей эле, ал Жаңы Осуяттын Кудайдын Руху аркылуу жазылганын мындай айтуу менен моюндаган: «...силерге жазгандарым Теңирдин осуяты экендигин билип койсун» (1 Кор. 14:37). Чындыгында, Ыйык Китепте бир эле окуяны ар кандай көз караш менен карап жазылгандыгын кездештирүүгө болот, бири-бирине туура келбегендей көрүнгөн окуя айтылган кезде акцент ар кандай коюлганын байкоого болот. Ырасын айтканда, түп нускадан — грек жана иврит тилинен текстти которгон кезде татаалдыктар болгон. Чын эле, Ыйык Китептен алынган үзүндүлөрдү туура эмес талкуулоолор көп болгон. ХХ кылымдын машайакчылары Ыйык Китепти ачканда, алар Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган, шексиз, так сакталган Кудайдын Сөзүн окушат. «Чөп куурайт, — деп айткан Ышайа, — гүл соолуйт, ал эми биздин Кудайыбыздын сөзү түбөлүк турат» (Ыш. 40:8). Өзүңдүн көзүң жетсин Ыйык Китепте «тешиктер» толтура деген мифтин жалган экенине көзүң жетиши үчүн төмөнкү тапшырмаларды аткар. Матай жазган Жакшы кабардын 4-бөлүмүнүн 1–11 аяттарын оку. Ыйса шайтандын азгыруучу сөздөрүнө Жазуунун сөздөрү менен жооп берет. Ыйык Жазуунун китептеринин параллелдик орундары бар симфониясын колдонуу менен, Ал мисал кылган Ыйык Китептеги жайларды аныкта, андан кийин шилтемелерди жаз: 4-аят ____________________________________________ 7-аят ____________________________________________ 10-аят ___________________________________________ Андан кийин төмөнкү аяттарды оку: Матай жазган Жакшы кабардын 12 бөлүмүнүн 38–41 аяттары, ал жерде Ыйса Жунус пайгамбардын китебинде жазылган окуяны мисал келтирет. Марк жазган Жакшы кабардын 2-бөлүмүндөгү 23–26-аяттарда Ыйса 1-Шемуел китебинин 21-бөлүмүндөгү 6,7-аяттарда болгон окуяны айтып өтөт. Жакан жазган Жакшы кабардын 3-бөлүмүндөгү 14,15-аяттарында Ыйса Сандар китебинин 21-бөлүмүндө сүрөттөлгөн окуяны мисал кылат. Эми чечим чыгар: Ыйса бул адамдардын жана окуялардын чындап болгондугуна же шексиздигине күмөн санайбы же аларды болгон факт катары кабыл алабы? Мындан сен өзүң үчүн эмне ала аласың? 11. ЫЙЫК КИТЕП ЖАНА БУЗУК ТЕЛЕФОН ОЮНУ Ыйык Китеп чын эмес деген миф Бузук телефон оюну көп жылдардан бери өзгөчө популярдуулук менен ойнолуп гана келбестен, маалыматты таркатууда так болуунун канчалык маанилүү экендигин түшүнүү үчүн чоң жардам берет. Сиздер билесиздер, бул оюнда адамдар группа болуп тегеренип отурушат. Анан кимдир-бирөө жанындагы адамдын кулагына кыска сүйлөмдү шыбырайт. Ал адам ошол эле сүйлөмдү өзүнөн кийинки адамга айтат, ошентип ал сүйлөм баарын тегеренип чыгып, ээсине кайтып келет. Көбүнчө айтылган сүйлөм айткан ээсине такыр башкача болуп кайтып келгени үчүн аябай күлкүлүү болот. Мисалы, «Спорт менен машыкпасаң, семиз бойдон каласың» деген сүйлөм болсо, «Торт жегенге ашыкпасаң, семиз болбой каласың» деп өзгөрүп кетет. Бизге чейин жетип келген Ыйык Китеп да ушундай болгон деп ойлошот көпчүлүгү. Бузук телефон оюнундагыдай болуп, баштапкы сүйлөмдөрү бизге жеткенче өзгөрүп кеткен деп эсептешет. Алар сырты эки башка китептин ичиндеги текст (көбүнчө алтын менен оюп түшүрүлгөн атына карап) миң жыл мурда жазылган чыныгы тексттен ушунчалык алыс, туура ойлонгон адам анын тактыгына ишене албайт деп ойлошот. Бул миф. Баарынан мурда Эски Осуят ушунчалык кылдаттык менен көчүрүлгөн, байыркы кол жазманын бардыгы тамга тамга боюнча дээрлик көчүрүлүп бүтүп калганда, кокустан көчүргөн адам ката кетирип койгон болсо, ошол көчүрмө бүтүндөй жок кылынган. Анан да Ыйык Китепти эврей тилинде көчүргөн эврей жазуучулары анык бир эрежелерди катуу сакташы керек болчу: • ар бир көчүрмө атайын ал үчүн өзгөчө ыкма менен даярдалган жаңы кагазга жазылышы керек болчу; • ар бир көчүрмө кеңдиги отуз тамгага ылайыкталган анык сандагы тилкеге жана ар бир тилкеде анык сандагы сапка жазылышы керек болчу; • ар бир көчүрмө белгилүү бир түстөгү жана анык сапаттагы сыя менен жазылышы керек болчу; • ар бир көчүрмө аныктыгы ырасталган түп нускадан көчүрүлүшү керек болчу; • бир да тамга эске сактап калуу боюнча жазылган эмес, мисалы «да» деген сөзгө көз жүгүрткөн болсо, «д» тамгасын жазып, анан дароо «а» тамгасын жазууда түп нускага кайра бир жолу карабай туруп жазган эмес; ар бир тамга сөзсүз түрдө түп нускадан көчүрүлүшү керек болчу; • бир дагы тамга башка тамга менен аралашып же башка тамганын ичине кирип кетпеши керек болчу. Тамгалардын ортосунда чачтын же жиптин жоондугу менен барабар аралык сакталган. • ар бир китептин ар бир бетиндеги ар бир тамга эсептелип, түп нускадагы сан менен текшерилиши керек болгон. Китепте кездешкен алфавиттеги ар бир тамганын саны түп нускадагысы менен текшерилген. Мусанын беш китебин түзгөн сөздүн борборунда турган жана Ыйык Китептин бардык китептериндеги сөздүн борборунда турган эврей тилинде жазылган тамгалар эсептелиши жана алардын саны текстте белгилениши керек болгон. Эгерде бир гана туура келбестик болуп калса, көчүрмө жараксыз болуп калган. Эски Осуятты көчүрүүдө ушундай катуу эрежелер сакталышы керек болгон. Эгерде Жаңы Осуят жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда аны — эч шектенбей туруп, байыркы дүйнөнүн эң ишеничтүү жана так документи деп айтууга болот. Платондун эмгектери жөнүндө мектепте үйрөтүп жатканда мугалим анын «Мамлекет» деген трактатынын аныктыгынан шектене тургандыгын айтабы? Байыркы дүйнөнүн тарыхы сабагынан берген эже Катуллдун ырларынан же Гай Юлий Цезардын «Галл согушу жөнүндөгү эскермелерин» көркөм окуп бергенде, ал сизге бул чыгармалар так эмес болушу мүмкүн деп эскерткенби? Сиздердин мугалимиңиздер грек тарыхчысы Фукидиддин, философ Аристотелдин, трагедиялык чыгармалардын автору Софоклдун же Еврипиддин эмгектеринде аныктыгына олуттуу шектенүүлөр болгондугу үчүн жана түрдүүчө окулууда чоң маселелер жаратышы мүмкүн дегендиктен программадан чыгарып сала алышабы? Андай болбойт го дейм. Бирок көптөгөн адамдар Ыйык Китепти анык документ деп эсептебеш керек деп ишенишет. Биз жогоруда айтып өткөн китептердин бири дагы тактыгы боюнча Жаңы Осуятка тең келе албайт. Ар бир тарыхый документтин тактыгын аныкташ үчүн эң маанилүү эки факторду колдонушат: колдо бар болгон кол жазмалардын саны түп нуска жазылгандан эң алгачкы көчүрмө жазылганга чейинки убакытты эсептеп чыгышат. Эгерде сиз Жаңы Осуятты байыркы дүйнөнүн башка китептери менен салыштырып көрсөңүз, анда анын тактыгы дароо ачыкка чыга келет. АВТОР / ЖАЗЫЛГАН МЕЗГИЛИ / БИРИНЧИ КӨЧҮРМӨСҮ / КАНЧА МЕЗГИЛ ӨТКӨНҮ / КӨЧҮРМӨЛӨРДҮН САНЫ Цезарь / Б.з.ч. 100–44 жж. / Б.з. 900 жж. / 1000 жыл / 10 Платон (тетралогия) / Б.з.ч. 427–347 жж. / Б.з. 900 жж. / 1200 жыл / 7 Фукидид / Б.з.ч. 460–400 жж. / Б.з. 900 жж. / 1300 жыл / 8 Софокл / Б.з.ч. 496–406 жж. / Б.з. 1000 жж. / 1400 жыл / 100 Катулл / Б.з.ч. 54 жж. / Б.з. 1550 жж. / 1600 жыл / 3 Еврипид / Б.з.ч. 480–406 жж. / Б.з. 1100 жж. / 1500 жыл / 9 Аристотель / Б.з.ч. 384–322 жж. / Б.з.1100 жж. / 1400 жыл / 5 Эми Жаңы Осуятты ушул антикалык авторлордун эмгектерине салыштырып көрүңүз: АВТОР / ЖАЗЫЛГАН МЕЗГИЛИ / БИРИНЧИ КӨЧҮРМӨСҮ / КАНЧА МЕЗГИЛ ӨТКӨНҮ / КӨЧҮРМӨЛӨРДҮН САНЫ Жаңы Осуят / Б.з. 40–100 жж. / Б.з. 125 жж. / 25 жыл / 24000+ Керек болсо антикалык документтердин бирин да Жаңы Осуят менен катар коюуга болбойт. Тактыгы боюнча ага Гомердин «Илиадасын» салыштырса болот, бул поэманын 643 кол жазмасы сакталган жана ал жазылган убакыт менен биринчи көчүрмөсүнүн аралыгында 500 жыл аралык бар. Ыйык Китепке ишенүүгө болобу? Антикалык доордон биздин мезгилге чейин келип жеткен бир дагы китеп тактыгы боюнча ага тең келе албайт. Өзүңдүн көзүң жетсин Ыйык Китеп чын эмес деген мифтин жалган экендигине ишениш үчүн төмөнкү көнүгүүлөрдү аткар. Бош калтырылган жерлерге Ыйык Китептеги аяттарды толтур: «Теңирим, Сенин сөзүң асманда _________________орногон» (Заб. 118:89). «Өзүңдүн осуяттарыңды __________________ орнотконуңду мен мурунтан эле билем» (Заб. 118:152). «Чөп ____________, гүл ____________, ал эми биздин Кудайыбыздын сөзү __________________________» (Ыш. 40:8). «Мен силерге чындыкты айтып койоюн, асман менен жер жок болмоюнча, бардыгы аткарылмайынча, мыйзамдын бир да ___________, бир да ___________ жок болбойт» (Мт. 5:18). Бул аяттар Ыйык Китептин тактыгын аныктап жатабы? Эгер аныктап жаткан болсо, анда кантип аныктап жатат? 12. БОЛГОН ЖЕ БОЛГОН ЭМЕС Ыйык Китеп ойдон чыгарылган нерселерге жана уламыштарга толтура деген миф Энни коллежде дүйнөлүк адабиятты окуганда тизмеге Ыйык Китепти да кошуш керек деген оюн сунуш кылганда ар кимдин ар түрдүү эмоцияларына чыдаганга мажбур болду. «Сен тамашалап жатат болушуң керек! — деди кимдирбирөө. Бул жерде Ыйык Китептин кандай байланышы бар?» Дагы башкасы: «Кайдагы бир Жунус жана кит жөнүндөгү жалганга ишенем деп айта көрбө! Же болбосо каяктагы суунун үстүнөн басуу окуясын эскертпе. Койчу, асмандан жерге түш!» — деди. «Кел, ишене турган нерсеге ишенели, — деп ырастады дагы бири. Албетте, Ыйык Китеп ишенгендер үчүн зор мааниге ээ, болгону ушул гана. Анда көптөгөн таң калтырарлык уламыштар жана мифтер бар, бул чындык, бирок менден аны олуттуу кабыл алышымды суранба». Акыркы убактарда көпчүлүк ушинтип ойлонуп калды. Керек болсо, кээ бир Ыйык китеп изилдөөчүлөр деле Ыйык Китепке диний фольклор жана уламыштар жыйнагы катары кароо туурараак деп эсептеп калышкан. Башка сөз менен айтканда, алар фактыны ойдон чыгарылган нерсе катары сунуштоого аракет кылып жатышат. Чындыгында Ыйык Китепте жетишерлик санда таң каларлык окуялар бар, алардын кээ бирлери тарыхый фактыга караганда бульвардык прессанын темаларына окшошуп кетет: АДАМ СУУНУН ҮСТҮНДӨ БАСАТ ЖАШ БАЛА БИР БАШТЫКТАГЫ ТҮШКҮ ТАМАК МЕНЕН МИҢ АДАМДЫ ТОЙГУЗАТ КОЛ ЖАҢСОО МЕНЕН СУУ ШАРАПКА АЙЛАНАТ ГАЛИЛЕЯЛЫК УСТАТ ӨЛГӨНДӨРДҮН АРАСЫНАН ТИРИЛДИ Ыйык Китептеги кээ бир окуялар канчалык ишеничсиз сезилгени менен аны жазган адамдар бул окуялар уламыш же миф катары эмес, факты катары кабыл алынат деп ишенишкен. Анын үстүнө Жаңы Осуятты түзгөн адамдар таң каларлык окуяларды жазып жатып, өздөрүнүн өмүрүн тобокелге салып жазып жатканын билишкен. Өзүнүн кандайдыр-бир уламышынан баш тарткандыгы үчүн өз каалоосу менен түрмөгө, жада калса өлүмгө барууга даяр болгон адамдар көппү, ошондойлор бар экендигин сиз билесизби? Жаңы Осуятты жазган адамдар өлгөндөн тирилген устат жөнүндөгү, же беш нан жана эки балык менен беш миң адамды тойгузуу жөнүндөгү окуяларды жазып жатып, эгерде муну күбөлөндүргөн башка күбөлөр болбосо, өздөрү үчүн жиндиканага жол даярдап жатышканын эң жакшы түшүнүшкөн. Мына ошондуктан элчи Пабыл падыша Агриппанын жана римдик башкаруучу Фесттин алдында Жакшы Кабардын чындыгын айтып жатканда күбөлөргө таянган. Пабыл Машайактын тирилгендиги жөнүндө айтып жатканда, Ыйык Китепте жазылгандай минтип айткан: Фест катуу үн менен: «Акылыңдан адашып жатасың, Пабыл! Көп билгендигиң сени акылыңдан адаштырып жатат», – деди. «Жок, урматтуу Фест, – деди Пабыл, – акылымдан адашкан жокмун, тескерисинче, чындыкты жана туура сөздөрдү айтып жатамын. Бул жөнүндө падыша билет, ошондуктан мен анын алдында кайраттуулук менен сүйлөп жатам. Ушул нерселердин эч бири андан жашыруун эмес экендигине мен толук ишенемин, анткени бул окуялар бир бурчта эле болуп өткөн эмес. Элч.ишт. 26: 24–26 Миф, легенда жана сырларга чулганган антикалык ишенимдерден айырмаланып, Ыйык Китепте жазылган окуялар бир бурчта эле болуп өткөн эмес. Бул окуялар кандай болгондугун элдин калың тобу көргөн. Ишенимге татыган адамдар ошол окуялардын аныктыгын жазуу түрүндө күбөлөндүрүшкөн жана өздөрүнүн күбөлөндүрүүлөрүн кан менен жазып тастыкташкан. Анан ошол документтер негиздүү түрдө жокко чыгарылгандын же болбосо баркын жоготкондун ордуна текшерүүгө туруштук берген жана анык деп табылган. Элчи Петир дагы Ыйык Китеп ойдон чыгарылган нерселерге жана уламыштарга толтура деген мифке каршы чыгып: «…Теңирибиз Ыйса Машайактын күчү жана Анын келиши жөнүндө силерге куулук менен ойдон чыгарылган тамсилдерге негизденип айткан эмеспиз, биз Анын улуулугун өз көзүбүз менен көргөнбүз» — деп жазат (2 Пет. 1:16). Өзүңдүн көзүң жетсин Ыйык Китеп ойдон чыгарылган нерселерге жана уламыштарга толтура деген мифтин жалган экендигине ишениш үчүн төмөнкү тапшырмаларды аткар: Лука жазган Жакшы Кабардын 1-бөлүмүнүн 1–3-аяттарын оку. Бул саптарды ким жазып жатат? «Арабызда кеңири белгилүү болгон окуялар» жөнүндө авторго ким айтып берген? Автор Теопилге бул окуялар тууралуу ирети менен баяндап жазып жиберүүдөн мурда эмне кылган? Жакан жазган Биринчи каттын 1-бөлүмүнүн 3-аятын оку. Бул сөздөрдү ким жазып жатат? Өзү да болгон окуялардын күбөсү болгондугун ырастайбы? Өзүнүн көргөнүн жана укканын бизге эмне максат менен айтып жатат? Элчилердин Иштери китебинин 2-бөлүмүнүн 22-аятын оку. Бул сөздөрдү ким айтып жатат? Алар кимге кайрылган? «Өзүңөр билесиңер» деген сөз эмнени билдирет? Жакан жазган Жакшы Кабардын 19-бөлүмүнүн 35-аятын оку. Бул аяттын автору ким? Ал өзү жазган нерсенин күбөсү болгонбу? Башкалар анын сөздөрүн ойдон чыгарылган нерсе катары баалашын каалаганбы? «Силердин да ишенип калышыңар үчүн» деген сапка көңүл бур. Жаңы Осуятты жазган адамдардын күбөлөндүрүүсү жөнүндө ойлонуп, сыйынууда убакыт өткөр жана жакшы кабарчы Жакандын каалаганындай, сен бул күбөлөндүрүүлөргө ишенип калдыңбы? 13. ДАРЫГЕР ЛУКА ЖАНА КАЙДАН ЧЫККАНДЫГЫ ТҮШҮНҮКСҮЗ БОЛГОН «ПОЛИТАРХ» СӨЗҮ Катасыз археология жөнүндөгү миф Денеси чымыр киши Бейкер көчөсүндөгү №221-үйдүн тепкичинен жогору көтөрүлүп бара жатты. Анткени аны улуу тыңчы отурган бөлмөгө чакырышкан эле. «Аа, дарыгер сизсиз демек. Кутмандуу таңыңыз менен! — деди тыңчы креслого чалкалай. — Сиз бир нече түн жакшы уктаган эмес окшойсуз». «Сиз туура айтып жатасыз — бирок токтой туруңузчу. Сиз муну кайдан билдиңиз? Менин дарыгер экендигимди кантип билип алдыңыз?» «Бул элементардык эле нерсе да. Анан да сиздин жазуучу экендигиңизди жана алыстан келгениңизди көрүп турам. Чындыгында, булар анча деле маанилүү эмес. Андан көрө айтыңызчы, сизди эмне тынчсыздандырып жатат?» Келген киши таң калганын араң токтотуп, акыры сүйлөгөнгө өттү. «Менин атым Лука, дарыгермин, — деди өзү жөнүндө, — анан да менин күндөрүмдө болуп өткөн окуяларды баяндап жазган эки китептин авторумун. Тагыраак айтканда, ал окуялар машайактык доордун биринчи кылымдарында болгон». Тыңчы Шерлок Холмс колдорунун учун бириктирип, көңүл коюп угууга даярданды. «Акыркы убактарда, — деп сөзүн улантты дарыгер Лука, — менин абийириме шек келтирилди. Менин компетенттүүлүгүмө жана менин билимиме шектенүүлөр пайда болду. Түшүнөсүзбү, Элчилердин Иштери деген китебимде Икония шаары Лебанон деп аталган областтын аймагына кирбейт деп көрсөткөнмүн. Кээ бир археологдор болсо, башка бир документтерге таянып, Икония Лебанон областына караштуу шаар болгон деп далилдеп чыгышты, анын негизинде менин китебимди ишенимсиз булак деп жарыялап салышты». «Мен бардыгын айтып бүтө элекмин, — деп шашыла сөзүн улантты Лука, Холмс аны өтө таарынчаак киши экен деп ойлоп калышынан коркуп, — мен жазган Жакшы Кабарда б.з. 27 жылында чөмүлдүрүүчү Жакандын кызматынын башталышынан баяндап, Абиленеяда акимчилик кылып турган Лусаний деген адамды атагам. Мына ошентип, мени дагы фактыларды атайылап бурмалагандыкта айыптап жатышат, анткени археологдорго бир гана Лусаний белгилүү экен, ал болсо б.з.ч. 36-жылы эле каза болгон дешет. Пабылдын Корунттагы кызматы жөнүндө баяндаганымда Галионду «башчы» деп атаганмын. Окумуштуулар мени эмне жөнүндө жазып жаткандыгын өзү да билбейт деп айыпташты, ошондой кызмат ордун ээлеген Галион деген адамды эч качан «башчы» деген ат менен аташкан эмес деп чыгышты! Бирок Тесалоника шаарынын шаардык башкаруучуларын грек тилиндеги «политарх» деген сөз менен атаганым «окумуштуулар» тарабынан четке кагылды. Чыдашым керек болгон жана эң ачуумду келтирген сын да ушул болду. Бул сөз башка эч бир классикалык чыгармада кездешпейт. Бардык археологдор жана сынчылар ушуну өздөрүнүн айыптоолоруна тастыктоо катары көрсөтүшөт. «Лука адашкан, демек анын жазгандарына да ишенбеш керек, калгандары да ушул сыяктуу», — деп айтышат. Мени жаман көрсөтүш үчүн алар чукулаган майда нерселер да толтура». Дарыгер Лука өзүнүн аңгемесин айтып бүткөндө Холмстун көздөрү жумулуп калган экен, бирок дем алуусу тегиз жана тынч эле. Анан ал көзүн ачып, креслодон турду, муну менен ага бардыгы түшүнүктүү болгондугун билдирди. «Кечириңиз, дарыгер, — деди ал, — бирок мен сизге эч кандай жардам бере албайм». Дарыгер да ордунан туруп, белгилүү тыңчыга унчукпай карады. «Дарыгер, мен сизди туура түшүндүмбү, — деп сурады Холмс, — сиз өзүңүз жазган фактылардын аныктыгына ишенесизби?» «Жүз пайызга! — деп жооп берди дарыгер Лука, бүт боюн көтөрө калып. — Мырза, мен деген тарыхчымын да!» «Анда сиздин күтүүдөн башка чараңыз жок», — деди Холмс, улуу тарыхчыны эшиктин алдына чейин узатып жатып. «Бир күн келип, сиз жазган маалыматтардын бардыгы бири калбай тастыкталат. Бирок азырынча, менин кайрымдуу дарыгерим, — деди ал көңүлү чөгүп чыгып бараткан коноктун артынан эшикти жабаардан мурун, — күтүшүңүзгө туура келет. Бирок ишенип коюңуз, бардык маалыматтар тастыкталганда, баары өз ордуна келет». Биздин замандын биринчи кылымынын тарыхчысы менен ойдон чыгарылган тыңчы экөөнүн ортосундагы диалог, албетте, эч качан болгон эмес. Бирок Луканын айткандарынын баары — чындык. Өткөн убактарда аны каралаш үчүн көп аракеттер жасалган. Эгерде мындай сүйлөшүү болгон болсо, анда Шерлок Холмстун насааты жүз пайызга туура болмок. Окумуштуулар менен археологдордун жакшы кабарчы Луканы шалаакылыкта жана так эместикте тынымсыз айыптаганына карабастан, ошол археология илими бир канча жолу анын жазгандарын тастыктап чыккан. Заманбап археология илими Ыйык Китептин кээ бир жерлеринде каталар бар экендигин «далилдегенин» ойлоо көп адамдарга жагат. Чындыгында, бардыгы мындай эмес. Келгиле, мисал үчүн жакшы кабарчынын Шерлокко билдирген биринчи даттануусун, окумуштуулар аны Икония шаары жайгашкан областты туура эмес көрсөткөн деп айыпташканын карап көрөлү. 1910-жылы археолог Уильям Рэмсей Икония Фригиянын шаары болгондугун күбөлөндүргөн эстеликти тапкан. Андан кийинки ачылыштар дагы Луканын жазгандарын тастыктады. Дамаск шаарына жакын жерде жайгашкан шаардан табылган бир археологиялык табылга да «төртүнчү башкаруучу Лусанийдин» чындыгында жашап өткөндүгүн далилдеди. Ал биздин замандын 14–29 жылдарына туура келген, ошентип Луканын сөздөрү толугу менен далилденди. Анын Галион жөнүндөгү эскертүүсү болсо, изилдөөдө табылган «Ахаянын башчысы, менин досум Луций Юний Галионго» деген жазуу аркылуу далилденди. Кайдан чыккандыгы түшүнүксүз болгон «Политарх» сөзү үчүн Лука эч нерсени билбегендикте айыпталган эле. Бул окуя да ачыкталды. Жакынкы убактардагы эле казып алууда байыркы «политарх» деген грек титулу кездешкен он эки кол жазма табылган. Ыйык Китептеги кездешкен фактыларды археология илими четке кагат деп ойлоо эскиче ойлоо гана эмес, ал баарынан мурда — миф. Археолог Уильям Ф. Олбрайт айткандай, Он сезизинчи жана он тогузунчу кылымдардын белгилүү тарыхый мектептеринин Ыйык Китепке карата ашынган скептицизм (критикалык ишенбөөчүлүк менен мамиле кылуусу), — бул мектептер чыгарган кээ бир идеялар азыркы кезге чейин пайда болуп келе жатканы менен, — алар барган сайын кадырын жоготуп жатат. Ачылыш артынан болгон ачылыштар Ыйык Китептин бизге билдирген көп сандаган фактыларынын тактыгын көрсөтүп жатат жана Ыйык Китепти баалуу тарыхый булак катары санаш үчүн көптөгөн негиздерди жаратып жатат. Кыскасын айтканда, Шерлок Холмс туура насаат берген. Өзүңдүн көзүң жетсин Катасыз археология жөнүндөгү мифтин жалган экендигине ишениш үчүн Ыйык Китептен келтирилген үзүндүлөрдү оку. Ыйык Китеп тарабынан аты айтылган адамдардын чындыгында болгондугу археологиялык ачылыштар тарабынан тастыкталган. Бош калтырылган жерлерди ошол адамдардын аттары менен толтур. Дан. 5:30 Кайсы бир мезгилде (чоподон жасалган тактайчада Набонид Бабылдын эң акыркы падышасы катары көрсөтүлгөнү) өкүнүчтүү ката деп эсептелген. Бирок акыркы изилдөөлөрдүн негизинде Набониддин уулу ______________, атасы менен бирге кош башкаруучу укугуна ээ болгондугу далилденди. Рим. 16:23 1929-жылдагы казып алуулар Корунт шаарында коомдук иштердин башкаруучусу _________________ аттуу адам жашап өткөндүгүн далилдеди. Мт. 27: 1,2 1961-жылы Жер ортолук деңизиндеги Кесария портунан табылган табылгалар _______________ жөнүндө көрсөткөн 2х3 өлчөмүндөгү кол жазмаларды дүйнөгө таанытты. 14. ЧЫНЫГЫ ПАЙГАМБАРЧЫЛЫКТАРБЫ ЖЕ КОКУСТАН ДАЛ КЕЛИП КАЛУУЛАРБЫ? Ыйык Китептеги пайгамбарчылыктар — булар жөн гана дал келип калуулар деген миф Натан ашканага шашылып кирип бара жатып, апасын жыгытып кое жаздады. «Кечирип коюңуз, апа, — деди ал, — мага Тодд берген китепти дароо таап бере коюңузчу». Ал столдун үстүнө бир топ китепти кое салып, алардын арасынан бирөөнү сууруп алды. «Анда бир абышка тарабынан жазылган толтура алдын ала айтуулар жана ар түрдүү нерселер бар эле. Анын аты Нострил беле…же ким эле?» «Нострадамуспу?» «Так өзү! — деп жооп берди Натан. — Сиз эмне ал жөнүндө уккан белеңиз?» «Сага кантип айтсам экен…» «Анын жазгандары таң калыштуу ээ? Ал көптөгөн окуяларды, Гитлер жана Экинчи дүйнөлүк согуш жөнүндө, Кеннединин өлтүрүлүшү жөнүндө боло электе эле айткан. Керек болсо ал жерде Эм Си Хаммер жөнүндө да бир нерселер жазылган деди эле Тодд!» «Ошентип айтты беле?» Натан унчукпай калды жана апасынын жүзүнө шектүү карады. «Мейличи, апа, эмне болду? Сиз минтип караганыңызда эмне болгонун билем». «Эч нерсе деле болгон жок. Мен жөн гана сен өзүң бул «пайгамбарчылыктарды» таптың бекен деп кызыгып жатам. Сен аны өзүң издедиңби же аларды сага кимдир-бирөө көрсөттүбү деп айткым келип турат. Жалпысынан айтканда, сен ага кантип урунуп алдың?» «Ооба, аларды мага Тодд көрсөттү». «А алар сага кандайдыр-бир анык эмес нерсе катары сезилбедиби? Көп учурда мындай нерселерди түрдүүчө талкуулап көрсө болобу?» Натан бир аз ойлонуп, анан желкесин куушуруп койду: «Балким, ошондойдур». «Нострадамус сыяктуу шектүү пайгамбарларга канчалаган адамдар кызыгышат, бирок Ыйык Китептеги Кудайдын Руху менен жазылган жана аткарылган пайгамбарчылыктарга болсо, көңүл кош мамиле кылышканына таң каламын!» Натан кызыгып калды. Ал Нострадамустун китебин четке кое салып: «Мисал үчүн?» — деп сурады. «Мисал үчүн? — деп кайра өзүнөн сурады апасы. — Натан, сен мени таң калтырып жатасың. Мисал үчүн, Ыйсанын Бейт-Лехемде төрөлөөрү. Муну Михей пайгамбар алдын ала айткан. А Захария пайгамбар болсо, Машайак Иерусалимге күчтүү ат менен эмес, кодик менен кире тургандыгын алдын ала айткан». «Туура, — деди Натан. — Ыйсага чыккынчылык кылышарын да алдын ала айткан, туурабы?» «Так ошондой. Досу Аны отуз күмүш тыйынга сатып кетерин, колу-бутуна мык кагышарын, бирок Анын сөөктөрү бүтүн кала турганын — көрдүңбү, Натан, ал майда-чүйдөсүнө чейин алдын ала тактык менен айтып кеткен. Булар жөн гана жалпы жана кыйытып айтылган күңүрт сөздөр болгон эмес, алар жүз пайыз тактык менен аткарылган анык бир алдын ала айтуулар болгон. Биз болгону Машайактын тагдыры менен байланышкан пайгамбарчылыктарды эскерип өттүк. Бирок Ыйык Китепте сүрөттөлгөн шаарлар жана элдер жөнүндөгү пайгамбарчылыктардын аткарылгандыгы тууралуу да ушуларды айтууга болот». «Мындай алдын ала айтуулардын алдында Нострадамустун айткандары түккө турбай калат экен, туурабы?» — деп ойлорунан жыйынтык чыгарды Натан. «Сууга чөгүп бараткан киши сыяктуу», — деди апасы жылмая. Натандын апасынын айтканы туура эле. Ыйык Китептеги пайгамбарчылыктар таң каларлык жол менен жүйүттөрдүн жана машайакчылардын Ыйык Жазууларынын аныктыгын жана уникалдуулугун далилдеп турат. Жада калса, Машайак менен байланышкан пайгамбарчылыктарды билүү дагы Ыйык Китеп менен тааныштыгы болбогон окурманды анын чындыгына ынандыра алат. Бирок кээ бир кеңири ой жүгүртө алган адамдар Ыйык китептик алдын ала айтуулардын аткарылышы — бул толугу менен дал келип калуу деп эсептешет. «Бул пайгамбарчылыктардын кээ бирлери президент Кеннединин же Мартин Лютер Кингдин тагдырына дал келет» — дешет башкалары. Макул, бул ушундай болсун дейли, бирок сиз Ыйык Китептеги Машайак жөнүндөгү негизги кырк сегиз пайгамбарчылыктардын баары башка бир адамдын жашоосунда толугу менен аткарылганын мисалга келтире аласызбы? Аны издештин кереги деле жок: андай адам жок! Питер Стоунер өзүнүн «Илимий негиздөө» деген китебинде жазгандай, бул окуялардын жөн гана дал келип калуу ыктымалдуулугу 1/10157 же башкача айтканда бирди 157 нөлү бар онго бөлгөнгө барабар. Ошондой көп санды же ошондой аз ыктымалдуулукту элестетүүнүн өзү кыйын. Мунун бар экендигине ишенсек да, акылыбыз жетпейт. Ушундай астрономиялык дал келбестиктер Ыйык китептик пайгамбарчылыктар жөн гана дал келип калуу эмес экендигин ачык көрсөтөт, «себеби пайгамбарчылык эч качан адамдын каалоосу менен айтылган эмес, — дейт элчи Петир, — аны Кудайдын ыйык адамдары Ыйык Рухтун жетеги менен айтышкан» (2 Пет. 1:21). Өзүңдүн көзүң жетсин Дал келип калуулар жөнүндөгү мифтин жалган экендигине ишениш үчүн төмөнкү суроолорго жооп бер: төмөндө келтирилген көптөгөн Ыйык китептик пайгамбарчылыктарды алдын ала айткан, же болбосо алар камтылган китептер менен ыйык китептик пайгамбарлардын аттарын өз ара байланыштырууга болот. Пайгамбарлардын аттары жана китептердин аталышы төмөнкүчө: А. Башталыш Б. Забур В. Ышайа Г. Жеремия Д. Михей Е. Захария Ыйык Китептеги аткарылган пайгамбарчылыктар: 1. Ыйса Кыздан төрөлөт (Мт. 1:18–25). 2. Жүйүттүн тукумунан чыгат (Лк. 3:23, 33). 3. Ал Жышайдын тукумунан болот (Лк. 3:32). 4. Дөөттүн үйүнөн болот (Лк. 3:31). 5. Ал Бейт-Лехемде төрөлөт Мт. 2:1). 6. Анын алдында жар салуучу келет (Мт. 3:1, 2). 7. Ал Иерусалимге кодик менен кирет (Лк. 19:35–37). 8. Анан ага досу чыккынчылык кылат (Мт. 26:48–50). 9. Отуз күмүш тыйынга сатылат (Мт. 26:15). 10. Айыптап жаткандардын алдында унчукпайт (Мт. 27:12). 11. Анын колдору менен буттарына мык кагышат (Лк. 23:33; Жкн. 20:25). 12. Ал кылмышкер катары саналат (Мт. 27:38). 13. Кылмышкерлер үчүн арачылык кылат (Лк. 23:34). 14. Анын кийимдерин бөлүп алышат (Жкн. 19:23). 15. Кийими үчүн өкчөмө таш ыргытышат (Жкн. 19:24). 16. Ага өт кошулган шарап беришет (Мт. 27:34). 17. Анын сөөктөрү сынбайт ( Жкн. 19:34). 18. Бирок Анын кабыргасына сайышат (Жкн. 19:34). 19. Ал бай адамдын үңкүрүнө коюлат (Мт. 27:57–60). 20. Ал тирилет (Элч.иш.2:31). Жооптор: 1. В (Ыш. 7:14) 2. А (Башт. 49:10) 3. В (Ыш. 11:1) 4. Г (Жер. 23:5) 5. Д (Мих. 5:2) 6. В (Ыш. 40:3) 7. Е (Зах. 9:9) 8. Б (Заб. 40:10) 9. Е (Зах. 11:12) 10. В (Ыш. 53:7) 11. Б (Заб. 21:17) 12. Б (Ыш. 53:12) 13. Б (Ыш. 53:12) 14. Б (Заб. 21:19) 15. Б (Заб. 21:19) 16. Б (Заб. 68:22) 17. Б (Заб. 33:21) 18. Е (Зах. 12:10) 19. Б (Ыш. 53:9) 20. Б (Заб. 15:10) ТИРИЛҮҮ ЖӨНҮНДӨГҮ МИФТЕР 15. ӨЛҮМҮШ БОЛУП КОЙГОНБУ? Ыйса өлгөн эмес, жөн гана эси ооп калган деген миф Жаш мезгилимде машайакчылыктын жалган экендигин, анда олуттуу эч нерсе жок экендигин далилдөөнү өзүмө максат кылып алдым. Бирок, албетте, мен аны кыла алган жокмун. Ага жөнөкөй эле бир нерсе себеп болду: тарыхтан орун алган бир фактыны — Ыйса Машайактын тирилүүсүн жокко чыгара алган жокмун. Тирилүү — бул машайактык окутуунун негизи. Майкл Грин өзүнүн «Тирүү Адам» деген китебинде: «машайакчылыктагы тирилүү — кабыл алынышы керек болгон көптөгөн диний көз караштардын бири эмес. Тирилүүгө болгон ишеним болбосо, машайакчылыктын өзү болмок эмес. А машайакчылык жыйындар болсо али баштала элек болмок; Ыйсанын кызматынын негизинде пайда болгон кыймылдар Ал айкаш жыгачка кадалгандан кийин түтүн сыяктуу тарап жок болуп кетмек. Машайакчылыктын тагдыры толугу менен Ыйсанын тирилүүсүнө болгон ишенимден көз каранды. Сиз бул чындыкты жокко чыгарсаңыз, машайакчылыктын өзүн жок кылган болосуз», — деп жазат. Сөзсүз, мына ошондуктан көптөгөн адамдар тирилүү жөнүндөгү фактыга шектенүү киргизүүгө же аны жокко чыгарууга аракет кылышат. Доктор Хью Шонфилдин «Пасхадагы жашыруун сүйлөшүү» деген китеби жарык көргөндөн кийин 1960-жылдардын ортосунда көптөгөн талаштарды жаратты. Ал ушунчалык катуу ызы-чуу болду, анткени автор анда Ыйса Машайактын тирилүүсүн «түшүндүргөн» «эсинен тануу теориясы» деген эски бир теорияны кайрадан көтөрүп чыккан эле. Эсинен тануу теориясы бир канча кылым мурда Вентурин аттуу адам аркылуу популярдуу болуп кеткен. Анын сөзү боюнча Ыйса айкаш жыгачта өлгөн эмес. Болгону Ал көп кан жоготкондуктан жана катуу жабыркагандыктан эсин жоготуп койгон (же «эси ооп калган»). Бардыгы Аны өлдү деп ойлошкон, бирок чындыгында, бир канча убакыт өткөн соң Ал Өзүнө келген, а шакирттер болсо Аны өлгөндөн тирилди деп ойлошкон. Шонфилд бул теорияны андан ары өркүндөтүп, Ыйса Өзүнүн колго түшүүсүн, сотун жана айкаш жыгачка кагылуусун алдын ала пландаштырып койгон деген жыйынтык чыгарган. Ал бардыгын чеберчилик менен уюштурган, айкаш жыгачтагы азапка чыдаш үчүн, өлүмүш болуп көрүнгөндө жеңил болуш үчүн, Өзүн наша менен башын маң кылдыртып алган. Кийинчерээк болсо таяк жеген жерлеринен, алган жаракаттарынан, кан жоготуусунан, кабыргасынын астына сайылган найзанын жаракатынан, колу-бутундагы кагылган мыктын издеринен, көп кан жоготкон жараттарынан арылууда ошол наша жардам бермек. Бирок, бул эсинен тануу теориясы — бүтүндөй миф. Ыйса ырайымсыз келтектөөлөрдүн баарын башынан өткөргөн. Аны адамдын денесин жулуп алчу коркунучтуу камчылар менен сабашкан. Кээде камалган кишилер бул сабоолорду көтөрө албагандыктан өлүм жазасы аткарыла турган күнгө жетпей эле өлүп калышкан. Ыйса ушундай ырайымсыз сабоолордон кийин өлүм жазасы ишке ашырыла турган жерге карай Өз жолун уланткан. Азаптары ушунчалык чыдай алгыс болгондуктан айкаш жыгачын өзү көтөрүп жете алган эмес. Жакшы кабарчылар Матай жана Лука бизге билдиргендей, жабыркаган Ыйсанын айкаш жыгачын Киренеялык Шымон көтөрүп барууга аргасыз болгон. Марктын «Ыйсаны Голгофа деген жерге алып келишти» деген сөзү аркылуу Ал Өзү жүрүп барганга алы калбаганын биле алабыз. Андан кийин Ыйса сөз менен түшүндүрүп бере алгыс өлүм деген нерсени башынан өткөргөн. Бирок Фредерик Фаррер сыяктуу кээ бир жазуучулар бул нерсени сөз менен сүрөттөп берүүгө бел байлашкан. Айкаш жыгачтагы өлүм өзүнө ооруну жана өлүмдү алып жүргөн бүтүндөй караңгылыкты жана коркунучту камтыйт, — баш айлануу, карышуу, чаңкоо, ачкалык жана уйкусуздук, алган жаракаттардан улам бүтүндөй дененин от болуп күйүшү, тарамыш тартышуу, коомдук басынтуунун жана уяттын азабы, узакка созулган жан чыдагыс кыйноолор, күтүп турган нерседен коркуу, жанчылган дене бөлүктөрүнүн уюшуп катып калуусу сыяктуу азаптардын баарына чыдоо мүмкүн эмес болуп калат жана качан гана азап тартып жаткан адам эсинен танып калганда кыска убакытка жеңилдей түшкөндөй болот. Дене орунсуз жайгашып калгандыгы үчүн кичинекей кыймыл да ооруну пайда кылат; сезгенген, эч нерсе менен жабылбаган жарааттар барган сайын ткандардын өлүп калуусуна алып келет; артериялар — айрыкча баштагы жана курсактагысы — ага толуп калган кандын айынан көөп чыгат; ошол мезгилде бардык азаптар кайра күчөйт, ага күйгөн жерлердин курч оорусу, чыдай алгыс чаңкоо кошулат; ушундай физикалык азаптардын баары руханий толкунданууну жана тынчсызданууну көбөйтөт. Бул өлүмдүн келечеги — адам баарынан да көбүрөөк корко турган өлүмдүн жакындап келиши да — жагымдуу жана көптөн күткөн жеңилдөө катары кабыл алынат. Ушул сыяктуу кыйноолордон бир канча саат өткөндөн кийин (өлүп калганын жаңылбастан аныктай алган) римдик жүз башы римдик башкаруучуга назареттик Ыйсанын өлүп калганын кабарлады. Адам ушундай азаптарды башынан өткөрүп, анан Жүйүт аймагындагы жана Галилеядагы беш жүздөн ашуун адамга көрүнүп, өлүмдүн үстүнөн Жеңүүчү жана жашоонун Башчысына айланганын ойлоо, албетте, кимде болбосун тарыхты кайрадан жазып чыгуу каалоосун ойготмок жана жөнөкөй чындыкты, «Машайак биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлдү, көргө коюлду жана Ыйык Жазууда жазылгандай, үчүнчү күнү тирилди» деген чындыкты, ким болбосун этибарга албай кое алмак эмес (1 Кор. 5:3–4). Өзүңдүн көзүң жетсин Эсинен тануу жөнүндөгү мифтин жалган экендигине ишениш үчүн төмөнкү тапшырмаларды аткар. Жакан жазган Жакшы Кабардын 19-бөлүмүнүн 30–35-аяттарын оку. Эмне үчүн аскерлер Ыйсанын буттарын сындырышкан жок? Римдик канча аскер (эң аз дегенде) Ыйсанын өлгөнүн билишкен? 35-аятта ким жөнүндө айтылат? Силер дагы ишенип калышыңар үчүн, ал кайсы чындыкты күбөлөндүрүп жатат? Марк жазган Жакшы Кабардын 15-бөлүмүнүн 42–47-аяттарын оку. Бул аяттарда Ыйсанын өлүмүн көргөн канча күбө жөнүндө сөз болуп жатат? Матай жазган Жакшы Кабардын 27-бөлүмүнүн 62–66-аяттарын оку. Ыйык кызмат кылуучулар менен фарисейлер Ыйсанын өлгөнүнө ишенишкенби? 63-аятка көңүл бур — Ыйсанын тирилем деген убадасын алар билишкен, эгерде Аны айкаш жыгачтан тирүү түшүрүп алган болушканда алар бул сөздөрдү айтмак беле? Сен жогоруда окуп өткөн, Ыйсаны жек көргөндөрдүн арасынан канчасы Анын өлүмүнө күбө болгон (Аны ээрчигендерден жана досторунан сырткары)? 16. КӨЗ ТАҢМАЙ ОЮНУБУ? Мүрзөнү чаташтырып алышкан деген миф «Лиззи, мен сага баарын айтып берем, бирок биз менен болгон окуя аябай таң калыштуу! Демек, мен, дагы бир Мария, дагы… ким бар эле? Токтоп тур, эстеп алайынчы, аа, Саломе жана… жана… эсимден чыгып кетиптир… азыр табам…» «Сен айтасыңбы деги?» — деп шаштырды Элизавета. «Чыдап турчу! Азыр айтам, баарын ирети менен айтышым керек го. Ошентип, биз күн чыгаары менен мүрзөгө аттандык, чын эле, али караңгы болчу, бул кандай болорун сен өзүң жакшы билесиң да, кийимибиздин четин басып албайлы деп, же жөргөмүштүн желесине тийип албайлы деп тынбай бутубуздун астын карап бара жатканбыз…» Элизавета кыжыры кайнап, көзүн алайтты. «Макул, макул, — деди Мария. — Ошентип биз мүрзөгө бардык, бирок ал бош экен, бир күн мурда ал жерде Ыйсанын сөөгү жаткан эле. Түшүнүп жатасыңбы, Лиззи? Ал жер бош эле! Ал жерде эч ким жок эле. Такыр эч ким жок болчу!» Элизавета досунан көзүн албай тиктеп калды. «Силер мүрзөнү чаташтырып алган жоксуңарбы? Өзүңө ишенесиңби?» «Ишенесиңби дейсиңби? Мына сага, Лиззи! Сен эмне жөнүндө сурап жатканыңды билесиңби? Мүрзөнү чаташтырып албаганыңарга ишенесиңби дейсиң да. Сен эмне, мага кымындай да ишенбейсиңби? Ал жерде жалгыз эле мен эмес… мени менен кошо көп адамдар бар эле, анын үстүнө мен жана Мария экөөбүз бир күн мурда эле ошол жерде болбодукпу. Сен кантип түшүнбөйсүң, эгерде биз мүрзөнү чаташтырып алган болсок, жок дегенде арабыздан бирөөсү муну түшүнбөйт беле? Эмне үчүн бизди ушунчалык акмак деп эсептейсиң? Мейли биз адашып калган болсок, анда периштенин сөздөрүчү? Аа, мен сага периштелер жөнүндө айта элекмин да, туурабы? Ошентип, бош мүрзөнүн жанында чагылгандай жаркыраган периште турган экен. Ал бизге коркпош керек экенибизди, Ыйсанын тирилгенин айтты, так ушинтип айтты. Сенин оюңча, периште да мүрзөнү чаташтырып алганбы, биз Машайакты койгон жерге эмес, башка мүрзөнүн жанына келип алганбы? Ошондойбу?» «Мен минтип ойлогон жокмун. Мен жөн гана…» «Мейли, эгерде сен мени аңкоо деп ойлосоң, анда Петир менен Жаканды да ошентип ойлойт экенсиң да! Анткени мен дароо аларга чуркап бардым, алар да бош мүрзөнү көрүштү! Алардын артынан араң чуркап жеттим. Анан дагы, айым, сен-мүрзөнү-чаташтырып-алган-жоксуңбу деп коесуң да, мага айтчы, Иерусалимде римдик мөөрдүн изи калган мүрзөлөр көппү?» «Ооба, мен, чынын айтсам…» «Анда башкы ыйык кызмат кылуучулар жана сакчылар жөнүндө эмне дей аласың? Алар кантип эле Ыйса жаткан мүрзөнү билбей калышсын? Биз башка мүрзөгө барып алган күндө деле алар керектүү мүрзөгө барып алып: «Аха! Мына силердин бетиңерди ачтык! Денеси жаткан жеринде эле жатат!» — деп айтпайт беле? Кантип алар мындай кылышкан жок?» Элизавета колун жайып: «Мени кечирип койчу, дос, макулбу? Мындай акылсыздык кылам деп ойлогон да эмесмин». Тилекке каршы, жалгыз Элизавета гана ушундай элестетпейт. Кирсопп Лейк Ыйсанын денеси жоголду деп, аялдар мүрзөнү чаташтырып алган деген бүтүндөй теорияны өнүктүрүп чыккан. Бирок Мариянын Элизаветага кашайып ырастаганындай, ыйык кызмат кылуучулардын сарайдан же римдиктердин сепилинен чыгып, Иерусалимдеги мүрзөгө чейинки он беш мүнөттүк сейилге чыгуусу тирилүү жөнүндөгү ушактардын баарына чекит коюп кое алмак. Бирок, албетте, мындай болгон эмес. Аялдар тапкан мүрзө, чындыгында, Ыйсанын мүрзөсү болчу жана ал бош болгон. Өзүңдүн көзүң жетсин Мүрзөнү чаташтырып алышкан деген мифтин болбогон сөз экендигине ишениш үчүн төмөнкү тапшырмаларды аткар. Матай жазган Жакшы Кабардан алынган үзүндүнү оку (27:5–28:15). Мүрзөнүн чыныгы жайгашкан жерин билиши керек болгон адамдарды көрсөт: Мт. 27:59, 60 ______________________________________ Мт. 27:61 ___________________ жана ________________ Мт. 27:62–66 ______________________________________ Мт. 28:2–4, 11 _____________________________________ Жакан Ыйсанын коюлган жерин билиши керек болгон дагы бир адамды эскертет (Жкн. 19: 38–41). Ал адам ким? Матай дагы, Марк дагы, Лука дагы аялдар Ыйсаны кантип койгондугун көрүшкөн деп жазгандыгына көңүл бур (Мт. 27: 61; Мк. 15: 47; Лк. 23:55). Эмне үчүн алардын баары ушуну жазышкан? 17. ЖАШЫНМАК ОЮНУБУ? Денени уурдап кетишкен деген миф Уурдалган дене жөнүндөгү мифтин бар экендиги тууралуу алгачкы эскертме Ыйык Китептин Өзүндө жазылган. Ыйса тирилгенден кийин аны кайтарып турган сакчылар ыйык кызмат кылуучуларга келип, болгон окуяны айтып беришти. Матай ал жөнүндө минтип жазат: Башкы ыйык кызмат кылуучулар аксакалдар менен кеңешип, аскерлерге көп акча беришти да, мындай дешти: «Силер: “Биз уктап жатканда, шакирттери келип, Анын сөөгүн уурдап кетишти”, — деп айткыла. Эгерде бул кабар башкаруучуга жетсе, биз аны ынандырып, силерди чатактан куткарып алабыз». Аскерлер акчаны алышты да, алардын айтканындай кылышты. Ошол сөз бүгүнкү күнгө чейин жүйүттөрдүн арасында айтылып келет. Мт. 28:12–15 Дененин уурдалышы жөнүндөгү мифтин кайдан келип чыккандыгы тууралуу Жаңы Осуяттын өзүндө түшүндүрүлгөнүнө карабастан бүгүнкү күндө дагы көптөгөн адамдар шакирттер куулук менен Ыйсанын денесин жашырып, жашынмак оюнун ойношкон деп ойлошот. Бул окуяга таптакыр ишенүүгө мүмкүн эмес. Ага көптөгөн себептер бар. Мисалы, Ыйсаны койгондон кийин мүрзөнүн оозун жапкан таш адамдар сүйүп ойногон оюндагы таштай көлдүн бетине ыргытканда тийип-тийбей өтүп кеткен ташчадан кескин айырмаланып турган. Джорджиядагы техникалык коллеждин эки профессору эсептеп чыккан тексттен алынган маалымат боюнча анын айланасы нак беш фут, салмагы болсо эки тоннага жакын болгон. Балким, мүрзөнү даярдап жатканда ошол ташты керектүү жерге коюш үчүн ишчилердин жоон тобу иштегендир, тоголонуп кетип, мүрзөнүн кире беришин тосуп калбашы үчүн тирөөч коюлгандыр. Ыйсаны коюп бүткөндөн кийин тирөөчтү алып салганда тартылуу күчү өз ишин аткарган; таш тоголонуп келип, мүрзөнүн оозун жапкан. Аны кире бериштен жылдырып, мүрзөнү ачыш үчүн күчтүү эркектердин жоон тобу күч жумшоо менен араң ача алгыдай болуп жабылган. Мына ошондуктан таң заардан мүрзөгө жөнөгөн аялдар өз ара: «Мүрзөнүн оозундагы ташты ким четке жылдырып берет?» – деп, сүйлөшүп келе жатышкан (Мк. 16: 3). Ыйык кызмат кылуучулар шакирттери денени уурдап кетпеши үчүн алдын ала римдик башкаруучу Пилаттан мүрзөнү кайтарууга сакчыларды жиберишин өтүнгөн. Римдик сакчылардын отряды он төрт же он алты адамдан турган. Ар бир сакчы өзүнүн айланасындагы алты футка жакын жерди кайтарууга дайындалган. Адатта он алты адам — ар тарабынан төрт адамдан болгон квадратты түзгөн. Алар бүтүндөй батальондун чабуулуна туруштук бере алгыдай аскерлер болгон, 36 ярд (бир нерсенин, жердин бетин ченөөнүн англиялык өлчөмү; бул — 4855 квадраттык метрге барабар — котор.эскер.) жерди сактай алышы керек эле. Түн киргенде төрт аскер сакташы керек болгон нерсени кайтарып, калган он экиси болсо, корголуп жаткан объектинин алдында жарым тегерек формасында баштарын ортону көздөй каратып алып жатып укташкан. Ошентип ишенимдүү кайтарылган нерсени уурдап кетиш үчүн алгач ууру аларды аралап өтүшү керек болгон (албетте, ойгоо турган ошол төрт аскердин көзүнчө). Ар бир төрт саат сайын уктап, эс алгандардын ичинен төртөөсү ойгонуп, жаңы күч менен күзөткө турган, а кезегин өтөп бүткөндөр болсо, эс ала алган. Ушундай ыкма менен алар бүтүн күн бою алмашып турушкан. Бул кайтаруучулар сылык жол көрсөтүүчүлөргө окшош болбогондугун өзгөчө белгилей кетүү керек. Алар атайын күрөш үчүн даярдалган, коркунучтуу тирүү машиналар болушкан. Т. Дж. Такер өзүнүн «Нерондун жана элчи Пабылдын римдик дүйнөдөгү жашоосу» деген китебинде ушундай аскерлердин бирин мындайча сүрөттөйт: Анын көкүрөгү жана далысы кең, темир жана коло менен капталган териден кийим кийген. Башында жалпак темир туулга. Оң колунда белгилүү рим найзасын кармап алган. Узундугу алты футтан ашыгыраак болгон бул бекем куралдын учу жыгач сабына орнотулган курч темирден турар эле; аскер аны менен катылганды жара сайып алар эле. Андан сырткары анда жакындан согуша турган кылычы да бар болчу. Сол колунда болсо калканы бар… Аны колунда гана көтөрүп жүрбөстөн куруна байлап алса да боло турган... Калканды кеңири колдоно алыш үчүн аскер кылычын асынып алат. Сол жак капталында канжар асылып турган. Уурдалган дене жөнүндөгү мифти жактыргандар болгон окуялардан бир күн мурда коендой коркуп качып кетишкен шакирттер жакшы куралданган, согуштарда такшалган римдик аскерлер менен мушташканга бел байлап чыгышкан деп ойлошот окшойт. Шакирттер аларды жеңип алышкан, же алар уктап жатканда жашынып өтүшүп, салмагы эки тонна ташты четке жылдырышып, Ыйсанын денесин уурдап кетишкен. Анан да муну кылып жатканда сакчылардын бирөөсү да сезген эмес имиш. Андан кийин Ыйсанын денесин кайсы бир жерге жашырып коюшуп, ондогон жылдар бою шылдыңга калышып, кыйноо жана азаптарга чыдап жүрүшүп, жалганды таратышкан, — анткени алар мунун жалган экендигин билишкен, — ошентип, бүткүл дүйнөгө жалганды жайылтышкан. Буга ишенүү өтө кыйын. Гарвард университетинин профессору Саймон Гринлиф укук жаатында көп жыл эмгектенип, күбөлөрдүн көрсөтмөсүн жокко чыгаруу жана күбө чындыкты айтып жатабы же жокпу, кантип тактап алуу жөнүндө көп жылдар бою лекция окуп келген. Ал шакирттер тууралуу «эгерде алар бул фактыга ишенишпесе, чындыкты айтып жатабыз жана Ыйса өлүп тирилген деп ушунчалык кашайып ырасташмак эмес» деп айтат. Бүгүнкү күндө да ким чындыкты издесе, алгачкы машайакчылар сыяктуу машайакчылык ишеним кандайдыр бир мифтердин жана уламыштардын негизинде эмес, бекем тарыхый фактынын, мүрзө бош калган жана Ыйса Машайак тирилген фактынын, үстүнө курулганын билип коюшсун. Өзүңдүн көзүң жетсин Ыйсанын денесин уурдап кетишкен деген мифтин жалган экендигине ишениш үчүн төмөнкү тапшырмаларды аткар. Корунттуктарга жазылган 1-каттын 15-бөлүмүнүн 1–8-аяттарын оку. Пабыл кайсы үч окуяны өтө маанилүү деп эсептейт: _______________________________________________ _______________________________________________ _______________________________________________ Пабылдын сөзү боюнча канча адам (эң аз дегенде) тирилген Машайакты көрүшкөн? _____________________________________ Пабылдын ошол беш жүздөн ашуун бир туугандын көпчүлүгү азыр да тирүү (6-аят) деген сөзү кандай мааниге ээ? _______________________________________________ _______________________________________________ _______________________________________________ Ошол беш жүздөн ашуун күбөнүн ар бирине сүйлөш үчүн болгону беш мүнөттөн убакыт бергенде да аларды аягына чейин угуш үчүн кырк эки саат кетмек. Көпчүлүк сот процесстеринде көрсөтмө бере турган эки же үч гана күбө катышат. МАШАЙАКЧЫЛЫК ЖАНА МАШАЙАКЧЫЛАР ЖӨНҮНДӨГҮ МИФТЕР 18. МЫШЫККА ОЮН, ЧЫЧКАНГА ӨЛҮМ Бул дүйнөдө бардык нерсе салыштырмалуу деген миф «Эмне жакшы, эмне жаман экендиги жөнүндөгү өзүңөрдүн оюңарды мага таңуулай бербегилечи, — деди Стефани. Мен он сегизге чыгып калдым. Насаат окуганыңарды токтоткулачы. Силер жаман деп эсептеген нерсе мен үчүн да жаман болушу керекпи». Стефани бул жөнүндө дайыма ата-энесине каршы чыкчу, жаңжалдашчу, анан акырында эмне «жакшы», эмне «жаман» экендиги жөнүндө өзүнүн түшүнүгүн жаратчу. Ушинтип отуруп ал шайтандын «туурабы же туура эмеспи, жакшыбы же жаманбы — бардыгы салыштырмалуу… эң негизгиси — сен үчүн эмне туура экендигин түшүнгөнүң жана адеп-ахлактын өзүңө таандык нормаларын иштеп чыккандыгың» деген жалганынын курмандыгы болуп калды. Мындай ойлогон жалгыз Стефани гана эмес. Көптөгөн адамдар өзүнө таандык адеп-ахлак мыйзамдарын иштеп чыга алам жана өзүм үчүн эмне жакшы, эмне жаман экендигин өзүм аныктай алам жана өз чындыгымды таба алам деп ойлошот. Аллан Блум өзүнүн «Америкалык аң-сезимдин чектелгендиги» деген китебинде «дээрлик ар бир студент университетке кирип жатып чындык салыштырмалуу болот деп ойлогонуна кайсы профессор болбосун ишенип койсо болот» — деп айткан сөзү бар. Чындыгында бул миф. Адеп-ахлак түшүнүгү салыштырмалуу эмес. «Туура» жана «туура эмес» деген түшүнүктөр талкууланбайт. К. С. Льюис өзүнүн «Жөн гана машайакчылык» деген китебинде: «Туура» жана «туура эмес» деген түшүнүктү кабыл албаган адамга ар жолу жолукканыңызда бир мүнөт өткөн соң ал адам өзүнүн айткан сөзүнөн баш тартарына ишене берсеңиз болот. Ал сизге берген убадасын аткарбай коюшу мүмкүн, бирок сиз аныкына окшогон бирдеме жасап баштасаңыз, көз ачып-жумгуча туура эмес кылып жатасыз деп кыйкырып жатканына күбө болосуз. Ушундай учурда «туура» жана «туура эмес» деген түшүнүктөр чындыгында бар экендигин моюнга алууга аргасыз болобуз. Кээде адамдар эсептен жаңылган сыяктуу чаташтырып алышат; бирок бардык учурда бул түшүнүктөр кимдир-бирөөнүн табити же болбосо артык көрүүсү менен эч кандай байланышкан эмес. Эң кызыгарлыгы жаманды жакшыдан айырмалай билиш үчүн философиялык билимдин кереги жок. Он осуят жөнүндө эч качан укпаган адамдар тууралуу элчи Пабыл «…алар мыйзам талабынын жүрөктөрүндө жазылганын көрсөтүп жатышат. Бул жөнүндө алардын абийири жана бирде айыптаган, бирде актаган ойлору күбөлөндүрүп жатат» — деп жазган (Рим.2:15). Кайрадан Льюистин сөздөрү менен айта турган болсок, «эмне туура, эмне туура эмес экендиги жөнүндөгү бул Мыйзам же эрежелер Жыйнагын адамдар „жаратылыштын мыйзамы” деп атап коюшкан… анткени адамдар мунун баарын жаратылыштан эле билишет, эч ким аны үйрөтпөй койсо деле болот деп ойлошкон». Бирок ошого карабастан, эгерде бир нерсе сага «жаман» сезилсе, башкалар үчүн да сөзсүз ошондой болуп сезилбейт деп ырастагандар да бар. Бирок алар эч кимди алдай албайт. Өзүнүн кылган иштери үчүн актануу издөөгө аракеттенгендиги, бул дүйнөдө бардыгы салыштырмалуу деген мифтин жардамы менен түшүндүрүүгө далалаттангандыгы баары бир алар жан дүйнөсүнүн тереңинде жаман менен жакшынын ортосундагы айырманы билише тургандыгы жөнүндөгү фактыны далилдеп турат. Алар белгилүү суроону, «Чындык деген эмне?» деген суроону берген Понтий Пилатка окшош болуп баратышат (Жкн. 18:38). Бул суроо абдан шылдың суроо эле, анткени Чындыктын Өзү Пилаттын алдында тургандыгында болуп жатпайбы! Пилат издеген суроонун жообу Өзүн «жол, чындык жана өмүр Менмин» деп тааныштырган Ыйсада болчу. Бирок баары бир римдик башкаруучу жеткилең чындыкты кабыл ала алган жок. Өзүңдүн көзүң жетсин Бул дүйнөдө бардык нерсе салыштырмалуу деген мифтин жалган экендигине ишениш үчүн төмөнкү тапшырмаларды аткар. Башкаруучулар Китебинин 17-бөлүмүнүн 6-аятын оку. Ушуга окшогон миф Башкаруучулар Китеби жазылган доордо тараган болсо керек, анткени анда «ар ким ______________ кылчу» деп жазылып турат. Сулаймандын Накыл Сөздөр китебинин 14-бөлүмүнүн 12-аятын оку. Бул накыл сөздө эмне жөнүндө айтылган? Ушул эле китептин 16-бөлүмүнүн 25-аятында «адамга түз көрүнгөн» жолдор жөнүндө эмне айтылган? Алар кайда алып барат? Сенин оюңча, бул накыл сөздүн мааниси эмнеде? Ышайа пайгамбар жазган китептин 45-бөлүмүнүн 19- аятын оку. Сенин оюңча, бул аятка ылайык, чындыкты айткан жана акыйкаттыкты ачкан ким? Ошуя пайгамбар жазган китептин 14-бөлүмүнүн 10-аятын оку. Акыркы саптарда эки топтогу кандай адамдар жөнүндө сөз болот? Сен өзүңдү кайсы топко кирем деп ойлойсуң? Башкача айтканда, сен Теңирдин жолу менен баратасыңбы же мүдүрүлүп жатасыңбы? Жакан жазган Жакшы Кабардын 8-бөлүмүнүн 31–32- аяттарын оку. Ыйса абсолюттук туура жана туура эместик жок деп ойлойбу же Анын сөздөрү башка нерсе жөнүндө айтып жатабы? Анын сөздөрү боюнча чындыкты таануунун жыйынтыгы эмне? 19. БАРДЫК НЕРСЕ САЛЫШТЫРУУДА БИЛИНЕТ Кудай бардыгын орток бөлүүчүгө бөлүп, жыйынтык чыгарат деген миф «Эмне дейин, балким, мен дүйнөдөгү эң жакшы адам эместирмин, бирок ал сыяктуу жаман эмесмин! Угуңуздар, мен ал бала жөнүндө көп нерсе айтып бере алам. Биз жакын жашачубуз, көчөлөрдө чогуу сүйлөшүп жүрөр элек, ошондуктан мен ал жөнүндө көп нерсени билем. Ал дайыма орой жана бой көтөргөн бала болчу. Мен болсо көпчүлүк учурда койдон жоош болчумун. Аны бир жолу милициялар алып кетишти; мен болсо дайыма чын жүрөк менен бийликтегилерге жардам берчүмүн да. Аны бир канча жолу түрмөгө отургузуп коюшту; мен болсо эч качан мыйзамды бузган эмесмин. Бир жолу ал ыйык кызмат кылуучунун көзүнчө эле бир адамга кол көтөрдү! Башында айтып өткөнүмдөй эле, мен ыйык эместирмин, бирок бир нерсени айта алам: Шымон Петир Жүйүт Искариоттон жакшыраак болгон!» Албетте, сиз Жүйүт Искариот өзү жөнүндө мындай пикирди айткан эмес дейт чыгаарсыз. Бирок ал жөнүндө биздин айткандарыбыздын баары — туура. Бул окуянын аягы баарыңыздарга маалым. Жүйүт Ыйсаны сатып кетти, анан барып асынып өлдү. Ал эми Петир болсо Ыйсадан баш тартканына карабастан тобо кылды жана кечиримге ээ болду. Ал жыйындын алдыңкы лидерлеринен болуп калды. Ошого карабастан жогорудагы Жүйүттүн сөзү катары айткандарыбыз көп адамдардын ичинен сезип жүргөндөрүн так ачып бере алат. «Балким, мен бир аз ичип алдым, бирок жыгылып калгыча ичкен таанышым сыяктуу ичкен жокмун», — дешет алар. Же болбосо: «Ооба, мен идеалдуу аял эмесмин, бирок ал сыяктуу ушак таратпайм», — дейт. Көбүнчө муну мындай деп айтса да болот: «Ооба, мен ыйык эмесмин. Бирок ал сыяктууларды машайакчы деп эсептешсе, анда мен сөзсүз бейишке барарым белгилүү». Чындыгында, бул мындай эмес. Мектепте мугалимдин орточо упайды эсептеп, анан баа койгондугу баарына жагат. Анткени мындай учурда мугалим бардык упайды жазып алып, аларды кошуп, анан класстагы окуучулардын санына бөлөт, орточо упайды эсептеп чыгарып, анан сенин алган упайың орто деңгээлден ашабы, ашпайбы (албетте дайыма ар бир класста кайсы бир Эйнштейн табылат, анан анын жардамы менен орто деңгээл ортодон аша турган деңгээлге көтөрүлө түшөт), ошого карап, төп келген бааны коет. Бул системанын эң жакшы жери жаман окуган окуучу да жакшы окуган кайсы бир окуучунун көлөкөсүндө экзаменди кыйналбай эле тапшырып алат. Кээ бир адамдар бул үлгүдөн тажрыйба алып, жашоо, Кудай, адилеттик жөнүндөгү элестетүүлөрүн да анын негизинде куруп алышат. Кудай бардыгын орток бөлүүчүгө бөлүп, анан жыйынтык чыгарат деген ой — бул миф. Ыйык Китепти окуганда Кудай адамдарды бири-бирине салыштырбай тургандыгы түшүнүктүү болот, мисалы чечим чыгарыш үчүн: «Сюзи, сен Джонни сыяктуу жаман эмессиң, ошондуктан бейишке кош келипсиң, ал эми Джонни сени үчүнчү эшиктин артында күтүп турушат», — деп Сюзи менен Джоннини салыштырып айтпайт. Бардыгы мындай эмес. Бир жолу Никедим деген адам Ыйсага түн жамынып келип кеткен. Ал фарисейлер арасында жүйүт эл башчыларынын бири, коомдогу белгилүү жана бардыгын туура кылган адам болчу. Туура сүйлөп, туура ишенген адам эле. Бирок Ыйса ага: «Эй, Ник, бейишке бара турган бирөө болсо, анда ошол адам сенсиң!» — деп айткан эмес. Анын ордуна Ал: «…Чындыкты, сага чындыкты айтып коеюн, кимде-ким жогорудан төрөлбөсө, Кудайдын Падышачылыгын көрбөйт» — деп айткан (Жкн.3:3). Дженни Майерске караганда сиз жакшыраак болгонуңуз маанилүү эмес. Эй Ландерске караганда азыраак ичкениңиз, же болбосо, Скотт Джексонго караганда көбүрөөк жыйынга барганыңыз да маанилүү эмес. Ыйса айткандай, «жогорудан төрөлгөнүңүз» маанилүү. Өзүңдүн көзүң жетсин Кудай бардыгын орток бөлүүчүгө бөлүп, анан жыйынтык чыгарат деген мифтин абсурд экендигине ишениш үчүн, төмөнкү тапшырмаларды аткар. Төмөндө жазылгандарды оку. Ыйык Китепте жок фразаларды өчүрүп ташта: А. Ким жогорудан төрөлбөсө, Асман Падышачылыгын көрбөйт. Б. Эч ким өз пайдасын көздөбөшү керек, бирок башкаларга жакшылык кылууга аракет кылышы керек. В. Мен күрөштө чындык менен жеңдим, өз жашоомду башкаларга караганда жакшы жашадым. Г. Жыйынды калтырба, анткени сен ошол жерде гана куткарылуу табасың. Д. Сага досторуң көрсөткөн жолдон четтебе. Е. Сактай тургандардын ичинен менин мыйзамдарымды сактагыла, ошондо Асман Падышалыгын көрөсүңөр. Ж. Ыйса Теңирге ишенгиле жана жакыныңарга караганда көбүрөөк ондук бергиле, ошондо силер жана үй-бүлөңөр куткарылат. З. Эгерде тобо кылбасаңыз, анда өлөсүз. (Жооптор: А (Жкн.3:3) жана З (Лк.13:3) төн башкасынын баарын өчүрүп салыңыз). 20. АСМАНДАГЫ ӨЗ АТЫНАН АЙТЫП ЧАКЫРУУДА БАРДЫК АДАМДАР БОЛОТ Бардыгы куткарылат деген миф Жекшембилик мектептеги сабакта он алты жаштагы Саманта: «Машайакчылардын, буддисттердин жана мусулмандардын ортосунда көп деле айырмачылык жок. Бардык диндердин максаты бир: биз бардыгыбыз бейишке баргыбыз келет, болгону ар түрдүү жолдор менен бейишке жетүүнү тандап алабыз», — деп айтканда бардыгы таң калышты. Көптөгөн адамдар өзүндөй ойлоно тургандыгын Саманта өзү деле билбейт го дейм. Алардын бардыгы чыга калып, оюмду ачык айтышым керек деп ойлобогону менен, алар универсализм оюна баш ийип жүрүшөт, кайсы бир динди жолдоп жүргөндөр баары бир кандайдыр-бир жол менен бейишке жетет деп ойлошот. Керек болсо мындай идеяларды колдогон «универсалисттик жыйындар» да бар. Алардын көпчүлүгү машайактык ишенимде тарбияланганы менен (мисал үчүн Саманта сыяктуулар), өзү билбеген абалда бул ойго жетеленип калышкан. Бирок бул кыялдан чыгарылган нерсе. Бул нерсе Ыйык Китептин окутканына дал келбейт. Ыйсаминтип айткан: Тар дарбаза аркылуу киргиле. Анткени кең дарбаза менен кенен жол өлүмгө алып барат, ал жолдо бара жаткандар көп. Ал эми тар дарбаза менен тар жол өмүргө алып барат, ал жолду тапкандар аз. Мт.7:13, 14 Өзүңөр ойлонуп көргүлө: адамдар кечирим ала алышы үчүн жана бейиште түбөлүккө жыргап жашашы үчүн Кудай Өзү адам болуп келди, кыйналды жана айкаш жыгачта азап тартып өлдү. Эми көптөгөн кылымдар бою Анын сүйүүсүн кабыл алган же четке каккан адамдарды элестетип көргүлө. Анан Ыйсанын кун төлөп куткарып алуусуна болгон ишеними үчүн кимдер түрмөгө камалганына, кыйналганына жана азаптуу өлүмгө дуушар болгонуна өзүңөрдүн жан дүйнөңөр менен көңүл буруп көргүлө. Акырында бардык адамзат Кудайдын алдына келип турганын, Ал алгач Ыйсанын курмандык сүйүүсүн кабыл алган көпчүлүктүн баарын, андан соң Аны четке каккандарды айланта карап чыкканын элестетип көргүлө. Анан Кудай желкесин куушуруп: «Бул жерде талкуулай турган эч нерсе жок, баарыңар кире бергиле!» — деп айтып жатканын элестетип көргүлөчү. Мындай болбойт. Кудай кимдир бирөөнүн түбөлүк тозокто болушун каалагандыктан эмес, тескерисинче Ыйык Китепте айтылгандай Кудай: «…эч кимдин өлүшүн каалабагандыктан, бардыгы тобо кылышы үчүн, бизге көпкө чыдайт» (2 Пет.3:9). Универсалисттер мындай далилдерди чыгарышат: «Сүйүүчү Кудай кантип кимдир бирөөнү тозокко жиберет, мен муну түшүнө албайм». Бирок Кудай адамдарды тозокко жибергиси келбейт. Ал Өзүнө ишенгендерге түбөлүк өмүр бериш үчүн азап тартканы келген. Бардыгы тескерисинче, бул адамдар түбөлүктүүлүктү кайсы жерде өткөрүүнү өздөрү тандап алышат. Көпчүлүк адамдар Кудайдын сүйүүсүнөн өжөрлүк менен баш тартып, тозоктогу түбөлүктүүлүктү тандап алары жөнүндө Ыйык Китепте ачык жазылган. Мына ошондуктан машайакчы Ыйса Машайактын осуятын аткарышы керек: «…Баргыла да, бардык элдерди Мага шакирт кылгыла» (Мт.28:19), анткени кайсы бир убакта, Ыйык Китепте айтылгандай, тобо кылуу үчүн мүмкүнчүлүк болбой калат. Өзүңдүн көзүң жетсин Бардыгы куткарылат деген мифтин жалган экендигине ишениш үчүн төмөнкү тапшырмаларды аткар. Жакан жазган Жакшы Кабардын 6-бөлүмүнүн 68-аятын оку. Ыйсаны ээрчигендердин көпчүлүгү Аны таштап кетишкенде, Ал Шымон Петирге жана башка шакирттерине: «Силердин да кеткиңер келген жокпу?» — деп сураган. Петир эмне деп жооп берген? Анын «Теңир, биз кимге бармак элек?» деген суроосу эмнени билдирет? Бул аятта Петир түбөлүк өмүргө алып бара турган канча жолду атайт? Жакан жазган Жакшы Кабардын 14-бөлүмүнүн 6-аятын оку. Бул жерде бейишке кантип баруу жөнүндө Ыйса Өзү айткан. Ыйса бул аятта Кудайга алып бара турган канча жолду көрсөткөн? Бул аяттагы «Мен аркылуу гана» деген сөз эмнени билдирет? Аян китебинин 20-бөлүмүнүн 12–15-аяттарын оку. Ыйык Китепте Сот күнүнүн боло тургандыгы жөнүндө ачык айтылган пайгамбарчылыктар бар. Бул аяттарга ылайык бардыгы эле бейишке бара алабы? (Өз жашоосунда өздөрүнүн тандап алуусу боюнча) аты өмүр китебине жазылбай калгандарга эмне болот? Корунттуктарга жазылган 2 каттын 13-бөлүмүнүн 5-аятында берилгендер боюнча терең сыйынуу менен бул аяттагыларга жооп бере алыш үчүн бир канча мүнөт бөл. 21. СИЗДИН ЭМНЕ БИЛГЕНДИГИҢИЗ ЭМЕС, КИМДИ БИЛГЕНИҢИЗ МААНИЛҮҮ Машайакчылык — бул идеология деген миф Батыштагы престиждүү университеттердин биринде окуган эки студент Майк жана Брэндон каникулдан кийин жолугуп калып, өздөрүнүн сүйүктүү мугалимдери жөнүндө талкуулап калышты. «Элестетсең, Батыш цивилизациясы жөнүндөгү курсту дагы Стэндиш берет экен! — деп даттанды Майк. — Бул адам абдан улутчул! Англиянын тарыхы боюнча Нилон сабак бере тургандыгы гана мени кубандырып жатат». «Ошондойбу-у-у. А бизге болсо дагы эле Кристос экен», — деди Брэндон. «Охоо, ошондойбу? Кайсы предмет боюнча?» «Бардыгынан». «Бардыгынанбы?» «Ооба». «Ал контролдук иштерди көп береби?» «Жок». «А силер анын өткөндөрүн жатташыңар керекпи?» — деп сурады Майк. «Жо-ок», — деп жооп берди Брэндон. «Анда ал мугалим силерди эмне кылганга мажбурлай алат?» «Мындайча айтканда, аны жакшыраак таанысак эле болду. Ал мугалим биз аны менен таанышып, анын кандай экендигин билип, аны менен жакшы мамиле курушубузду эле каалайт». Ушундай мугалимиң болушун элестетип көрүү кыйын, туурабы? Бирок мындай мугалимдер бар. Көптөгөн адамдар машайакчылыкты ишенүүнүн бир системасы, доктриналардын топтому же жүрүм-турум эрежелери, философиясы, идеологиясы бар бул дүйнөдөгү башка диндер сыяктуу деген ойду карманышат. Бирок бул миф. Машайакчылык буддизмге, же исламга, же конфуцианствого такыр окшош эмес. Үч диндин жаратуучулары: «Мен муну жана муну окутам. Менин окутуума ишенгиле. Менин философиямды ээрчигиле» — деп чынын айтышкан. Ыйса болсо: «Менин артымдан ээрчи» — деп айткан (Мт.9:9). Дүйнөлүк диндердин лидерлери: «Менин окутуум жөнүндө кандай ойлойсуз?» — деп сурашкан. Ыйса болсо: «Силерчи, силер Мени ким деп эсептейсиңер?» — деп сураган (Лк.9:20, курсив автор.). Кайсы бир диндин көпчүлүк жактоочулары өзүнө: «Мен кайсы идеологияны колдоп жатам?» деген суроону берип көрүшү керек. Потенциалдуу машайакчы өзүнөн: «Машайак деп аталган Ыйса үчүн мен эмне кылдым?» — деп сурашы керек (Мт. 27:22). Машайакчылык — дин эмес. Бул өз ара мамилелешүү. Машайакчылык ишенүүнүн системасы же доктриналардын жыйынтыгы эмес. Бул жерде негизгиси — Инсан. Мына ошондуктан Ыйсанын үстүнөн болгон сот — өзгөчө сот эле. Анткени көпчүлүк сот процесстеринде айыпталынуучунун кылган иш-аракетин талкуулашат. Ыйсаны болсо Ал ким болгондугу үчүн соттошкон. Жакшы кабарчы Марк Ыйсаны синедриондун алдында соттошкон учурда, ал жерде бир канча жалган күбөлөр болгондугун, бирок алардын көрсөтмөлөрү бири-бирине карама-каршы жана ишеничсиз болгондугун сүрөттөп жазат. Андан ары: «…башкы ыйык кызмат кылуучу Ыйсага дагы мындай суроо берди: «Даңктуу Кудайдын Уулу, Машайак Сенсиңби?» — деп жазат. Ошондо Ыйса жүйүттөр үчүн Кудай дегенди билдирген «Даңктуу» деген сөзгө жооп катары «Менмин» деп жооп берди. Ошол жерде башкы ыйык кызмат кылуучу синедрион өкүм чыгарышын күтпөстөн Ыйсанын Кудайга акарат келтирип, Өзүн Кудаймын деп жарыялаганын түшүндүрүш үчүн кийимин айрып жиберди. Ошентип, Машайактын инсандыгы — Анын ким экендиги жөнүндөгү суроо соттогу пикир келишпестикти туудурду. Так ушул нерсе — машайакчылыкты айырмалап турган белги. Машайакчылык идеология эмес; машайакчылык Ыйсанын инсан экендигине негизделген жана Аны менен өз ара мамиледе болууну талап кылат. Машайакчылык ишенимдин чындыгы Ыйса Машайак Өзү Мессия, Кудайдын Уулу болгондугу менен бекемделет. Мына ошол үчүн Ыйса менен фарисейлердин ортосунда конфликт пайда болгон. Фарисейлер мыйзамды жана Ыйык китептик принциптерди аткарууну маанилүү деп эсептешкен, Ыйса болсо: «Жок, бул мындай эмес. Мыйзамга баш ийүү Мени менен болгон жекече мамиленин чагылуусу. Менин окутуумду жолдогонуңар силерди машайакчы кылбайт. Бул Мени менен болгон өз ара мамиле, сүйүүгө негизделген мамиле аркылуу гана ишке ашат», — деп айткан. Өзүңдүн көзүң жетсин Машайакчылык — бул идеология деген мифтин болбогон сөз экендигин далилдеш үчүн төмөнкү тапшырмаларды аткар. Матай жазган Жакшы Кабардын 26-бөлүмүнүн 63–65-аяттарын оку. Ыйык кызмат кылуучу Ыйсадан эмне кылгандыгы жөнүндө сурап жатабы же Анын ким экендиги жөнүндө сурап жатабы? Ыйса эмне деп жооп берди? Буга ыйык кызмат кылуучу кандай реакция кылды? Марк жазган Жакшы Кабардын 15-бөлүмүнүн 37–39-аяттарын оку. Ыйсанын айкаш жыгачтагы өлүмүнө күбө болгон жүз башы эмне деп айтты? Анын сөздөрү Ыйсанын окутуусу жөнүндө беле же Анын Өзү жөнүндө беле? Матай жазган Жакшы Кабардын 27-бөлүмүнүн 41–43-аяттарын оку. Аны шылдыңдагандардын сөзү боюнча Ыйса Өзү жөнүндө эмне деп айткан эле? 22. ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРДЫН КИРҮҮСҮНӨ ТЫЮУ САЛЫНАТ Акылдуу адам машайакчы боло албайт деген миф Өз оюна чөмүлгөн Вальдо көчөдө акырын бара жатты. Ал Кудайдан кыйла алыстап кеткендигин жана буга чекит коюу керек экендигин чечти. «Минтип жүрө берүүгө мүмкүн эмес, — деп ойлоду ал. — Күнөөлүү экендигимди түшүнүп, жашоомдо бир нерсе жетишпей жаткандыгын түшүнүп туруп, бул күнөөлүү сезим менен жашап жүрө берүүгө мүмкүн эмес». Ушундай ойлорду ойлоп бара жатып ал бурчта жайгашкан, өзүнүн шуштугуй шиштери жана мунаралары менен асманга умтулган таштан курулган жыйынды көздөй бурулду. «Кооз имарат экен, — деди ал өзүнө өзү. — Айнектен курулган мына бул асман тиреген имараттардай эмес, аларды куруп жатышат, куруп жатышат». Бир канча квартал басып өткөн соң ал жыйынга жетип келди. Өзүн тынчтандыруу үчүн жыгачтан жасалган чоң эшиктин алдында бир аз туруп калды. Акырында оор дем алып тепкичтен өйдө карай көтөрүлүп, ичкери кирди. Сырттагы күндүн жарыгына көнүп калган көзүн жыйындын караңгы залына көнүктүрүш үчүн ичкери кирип, эшиктин алдында басыгын акырындатты. «Киргиңиз келеби?» Бул үн Вальдону селт эттирди. Ал аялды дароо байкай койгон жок жана үн чыккан тарапка бурулду. Анын алдында ак чачы төбөсүнө түйүлгөн, бүкүрөйгөн кичинекей аял туруптур. «Киргиңиз келип турабы?» — деп кайталады ал. «Аа, ооба, — деди Вальдо, киргим келет» «Анда акылыңызды мага бериңиз». Вальдо жаңылыш уктум окшойт деп ойлоду. Бирок ал сөздөрүн кайталап айтты, бул жолкусунда абдан так айтты. «Акылыңызды мага бериңиз, сураныч». «Менин акылымдыбы?» «Ооба. Сиз жыйынга киргиңиз келип жатат да, туурабы?» Вальдо башын ийкеди. «Сиз Ыйсанын жолун жолдоону чечтиңизби? Машайакчы болгуңуз келип турабы?» «Ооба», — деди ал. «Анда сиз өзүңүздүн акылыңызды бул жерде калтырып кетишиңиз керек. Эми ал сизге керек эмес. Биз мээңизге атыңызды жазып, ага табличка илип коебуз. Ал бул жерде жакшы сакталат. Кыжалат болбоңуз, дайыма ушундай болот. Эгерде сиз машайакчы болууну каалап турсаңыз, анда өз акылыңыздан баш тартышыңызга туура келет». Албетте, Вальдо жөнүндөгү бул окуянын баары ойдон чыгарылган. Бирок ал көп адамдардын машайакчы болуу эмне экендиги жөнүндөгү ойлорун сүрөттөп берүүдө бизге жакшы жардам берди. Алар машайакчылыкка кайрылуу үчүн акылдан баш тартууга туура келет, башкача айтканда, өзүңдүн интеллектиңди курман кылып, рационалдуу ойлонуудан баш тартыш керек деп ойлошот. Бул миф. Адамзаттын тарыхындагы улуу акылдуулар машайакчы болушкан. Алардын арасында элчи Пабыл, Августин, Мартин Лютер, Джон Кальвин, Джон Беньян, Дитрих Бонхоффер, Френсис Шеффер да болгон. Машайакчы болуу өзүнүн интеллекти менен түбөлүккө каршылыкта болуу эмес. Тескерисинче, аны дагы да курчутуп, максаттуу кылууну билдирет. Адам машайакчы болгондо, ал баарынан мурда бири-бири менен байланышпаган бөлүктөрдөн турган бизди курчаган дүйнө гармониялуу бир бүтүндүккө ээ экендигин көрөт. Өзүнүн өмүр баянында К. С. Льюис ал жаш мезгилинде Жакшы Кабарга ачык каршы чыгып, андан качкандыгын, машайакчылыкты интеллектуалсыз система катары эсептегенин жазат. Бирок бул тосмо ачылганда ал «кубанычка батты». Машайакчылыкка кайрылуусу анын кыялдарын жандантты жана чыгармачылык күч берди. Ал өзүнүн «Баламуттун каты» жана баары сүйүп окуган, алты бөлүмдөн турган «Нарнинин хроникасы» деген адабий китептери аркылуу белгилүү болгон. Лью Уоллес машайакчылыктын болбогон нерсе экендигин далилдеш үчүн өзүнүн өзгөчө интеллектуалдык жана чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланган, бирок Жакшы Кабардын күчү авторду ишенимге келтирди, анан ал «Бен Гур» деген классикалык чыгармасын жаратты. Британиялык юрист Фрэнк Морисон Ыйсанын тирилгендиги жөнүндөгү фактыны жалганга чыгарыш үчүн китеп жазууну пландаштырган. Ал терең изилдөө жүргүзүп, тарыхый далилдерди чогултуп, алдына койгон максатына катуу аракет кылган. Жыйынтыгында анын интеллекти жана эмгеги кача албай турган чындыкка, Ыйсанын өлүп тирилгенинин чын экендигине алып келди! Фрэнк ушинтип машайакчы болуп калган. Жакшы Кабар сизден өзүңүздүн интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүңүздөн баш тартышыңызды талап кылбайт. Тескерисинче, ал сизден өз акылыңызды толук колдонуп, Пабыл сыяктуу: «…Себеби мен Жакшы Кабар таратуудан уялбаймын. Анткени Жакшы Кабар — бардык ишенгендерди: алгач жүйүттөрдү, андан кийин эллиндерди да куткара турган Кудайдын күчү» деп ишеним менен айта ала турган абалга жетишиңизди каалайт (Рим.1:16). Өзүңдүн көзүң жетсин Акылдуу адам машайакчы боло албайт деген мифтин жалган экендигине ишениш үчүн бул тапшырманы аткар. Жакан жазган Жакшы Кабардын 8-бөлүмүнүн 32-аятын; Петирдин 1-катынын 3-бөлүмүнүн 15-аятын; Элчилердин иштери китебинин 17-бөлүмүнүн 2–4-аяттарын оку. Ошондой эле Элчилердин иштери китебинин 17-бөлүмүнүн 16–34-аяттарын оку. Ал жерде элчи Пабылдын Афинада болуусу, Эпикур деген философтун окутуусун жактагандар жана Стоа деген философиялык агымдын өкүлдөрү жана ареопагдын ойчулдары менен жолугушкандыгы жазылып турат. 23-аятка көңүл бур. Пабыл афиндиктерден өздөрүнүн ойлоп жүргөн ойлорун ташташын сурандыбы? Аларга өз билимдерин толукташын, окутууларындагы кемчиликтерин жоюшун сунуш кылып жатабы? Афинде Кудайга кайрылгандардын арасында ареопаг кеңешинин мүчөсү, улуу ойчул адам да бар эле (34-аят). Ал ким? 23. ДЖЭФФ ЖАНА ПРОФЕССОР Сокур ишеним жөнүндө миф «Демек, сиз машайакчысыз?» — деди профессор бой көтөргөн түр менен сакалын сылаганча. Колледждин биринчи курсунун студенти Джэфф ушунчалык катуу жутунду, аны бүт аудитория уккандай сезилип кетти. «Анда мага айтыңызчы, — деп сөзүн улады профессор, — жүз пайыз ишенимдүүлүк менен Ыйсанын өлүп тирилгенин далилдеп бере аласызбы?» Джэфф жөтөлмөкчү болду, бирок анын жообу мышыктын мыелогонунан да араң чыкты: «М-м, жок». «Мына көрдүңүзбү? — деди профессор. — Сокур ишеним. Билимсиз, акылга туура келбеген, логикага жатпаган нерсе». Анан ал доскага бурулду, басынтылган Джэфф болсо танапис болгонго чейин бети-башы кыпкызыл болуп, руху капаланып отурду. Мен жаш мезгилимде бул баланын ордунда болгон болсом, профессордун айтканына толугу менен кошулмакмын. Ошондо мен да машайакчылыкты сокур ишеним деп эсептечүмүн, анан машайакчылыктын жалган экенин далилдейм деген максат менен үйрөнө баштадым. Бирок машайакчылыкты тарыхый жактан да, Ыйык Китептин позициясы аркылуу да канчалык терең изилдей баштаган сайын анын акылга сыярлык жана логикалык жактан түшүнүктүү экендигин көрө баштадым. Ыйса Өзүн ээрчигендерге: «Ошондо чындыкты билип каласыңар жана чындык силерди эркин кылат» деп айткан (Жкн. 8:32). Ал «Силер чындыкты жок кылышыңар керек» деп айткан эмес. «Чындык жөнүндө тынчсызданбай эле койгула» деп да айткан эмес. «Чындыктан башка нерсеге ишенгиле» деп айткан эмес. Ал: «Чындыкты билип каласыңар жана чындык силерди эркин кылат», — деп айткан. Ыйса бизден Өзүнө Куткаруучу жана Теңир катары ишенүүбүз аркылуу өзүбүздүн интеллектуалыбызды өлтүрүшүбүздү талап кылбайт. Ойлонбой туруп эле Ага ишенишибизди каалабайт. Машайакчылык ишеним фактынын үстүнө негизделген болушу керек. Джэффти басынткан профессор эгерде сиз бир нерсени жүз пайыз менен далилдей албасаңыз, анда мындай нерседе пайда да, чындык да жок деп эсептеген. Ыйсанын тирилүүсүн жана Кудайлыгын 100 пайызга далилдөөгө мүмкүн болбогондуктан машайакчылыкты сокур ишеним деп атаган. Бул миф. Биз окуяларынын өнүгүүсүн алдын ала айтууга өтө кыйын болгон дүйнөдө жашайбыз. Математика багытындагы нерседен башкасынын баарын жүз пайыз менен далилдөө такыр мүмкүн эмес. Автоунаа жасап чыгаргандар да алардын иштеп чыккан жаңы моделдери коопсуз экендигин жүз пайыз ишенимдүүлүк менен айта алышпайт. Бирок машиналар көптөгөн оор сыноолордон өтө тургандыгы жөнүндөгү фактыга толук ишенсе болот. Соттолуп жаткан адамдын кылмыш жасаганын сотто катышып отургандар жүз пайыз ишенимдүүлүк менен далилдей алышпайт. Алар анын кылмышын моюнга алдырышса да, чын жүрөктөн моюнга алгансып көрүнсө да, көрүнбөгөн жагдайлары болот. Мисал үчүн, ал кимдир-бирөөнү сактап калыш үчүн жалган айтышы мүмкүн, же кылмышын мойнуна алдыруу үчүн аны кимдир-бирөө мажбурлагандыр. Бирок «туура» өкүмдү чыгарыш үчүн сотто катышып отургандар фактыны таразалап көрүшөт. Так ушул сыяктуу Ыйсанын тирилүүсү да, Анын Кудайлыгы да жүз пайыз ишенимдүүлүк менен далилдениши мүмкүн эмес. Бирок бул нерсе машайакчылыктын сокур ишеним экендигин билдирбейт. Ал жетишерлик сандагы фактыларга ээ. Булар тике далил боло албайт, андай болгондо жүз пайыз ишенимдүүлүктү бере алмак. Бирок алар жетиштүү. Элчи Жакан Жакшы Кабарда: «Ыйса шакирттеринин көз алдында көптөгөн кереметтерди көрсөттү, бирок бул китепке алардын баары жазылган жок» деп жазат (Жкн.20:30). Ал муну менен эмнени айткысы келет? Ал Ыйса көптөгөн кереметтерди жасаганын, алардын баары Ыйык Китепте жазылбаганын жана алар Анын Кудай экендигин далилдейт. Жакан келтирген факт тике далил боло албайт. «Булар болсо, — деп жазат кийинки аятта — Ыйсанын Кудайдын Уулу, Машайак экенине ишенишиңер үчүн жана ишенип, Анын ысымы аркылуу өмүргө ээ болушуңар үчүн жазылды» (Жкн.20:31). Бул аяттарда (30 жана 31-аяттар) Жакан күбөлөндүрүүнүн тике далил эместигин, бирок алар жетиштүү түрдө экендигин айтып өткөн. Француз математиги, философ жана окумуштуу Блез Паскаль эгерде адам атайылап машайакчылыкка каршы аракеттенген болбосо, анда машайакчылык ишеним жетишерлик факты жана күбөлөргө ээ жана бардыгын ишендире алат деп жазган. Анткени ким Кудайга келүүнү каалабаса, ага эч качан эч кандай далил жетиштүү боло албайт. Өзүңдүн көзүң жетсин Сокур ишеним жөнүндө мифтин жалган экендигине ишениш үчүн төмөнкү тапшырмаларды аткар. Жакан жазган Жакшы Кабардын 20-бөлүмүнүн 30, 31-аяттарын оку. Жакан эмне үчүн «Ыйса Кудайдын Уулу» деген күбөлүктү жазган? «Анын аты аркылуу» кантип өмүргө ээ болсо болот? Эмнеге (же кимге) ишенип ээ болобуз? Лука жазган Жакшы Кабардын 1-бөлүмүнүн 1–4-аяттарын оку. Ал Жакшы Кабарды кантип жазганын мүнөздөп бериш үчүн кандай сөздү колдонгон? (3-аят) Лука өзүнүн Жакшы Кабарын Теопил деген адамга жибериш үчүн жазганын байка. Ыйсанын жашоосун «ирети менен баяндап жазып жиберүүсүнөн» жана Анын окутуусунан кандай жыйынтыкты күтөт? Бул күбөлүктү «кылдаттык менен изилдөө» «бул аркылуу сен өзүң уккан сөздөрдүн чындык экендигин билип калышың» үчүн максат болуп калдыбы? 24. АВРААМ ЛИНКОЛЬН ЖАНА ЭРТЕҢ ЭРТЕ МЕНЕНКИ СААТ 10 ГО ПЛАНДАШТЫРЫЛГАН ТАРЫХ ЭКЗАМЕНИ Илимий далил керек деген миф «Бир мүнөт күтө туруңуз, мырза». Америкадагы престиждүү университеттердин биринде лекцияны эми гана окуп бүтүп, угулган материал боюнча кимде суроо бар экендигин сурадым, анан аудиториянын арт жагынан үн угулду. «Мен аспирантмын жана илимий иш менен алектенем, — деди жаш адам, — ошондуктан илимий жактан далилденбеген нерсеге ишенбейм. Сиз Ыйса Машайактын өлүп тирилгенин илимий негизде далилдеп бере аласызбы?» «Жок», — деп жооп бердим мен. Аспирант өзүнө ыраазы болгон түр менен күлүмсүрөдү. «Албетте, — деп уланттым мен, — сиз өзүңүздүн айтканыңызды да илимий жактан далилдей албайсыз». Илимий далил контролдонгон абалда бир эле кыймыл-аракетти бир нече кайталап текшерип көрүү аркылуу жүргүзүлөт. Байкоо жүргүзүп, маалыматтарды каттап, анан анын негизинде жыйынтык чыгарылат. Илимий эксперимент кантип жүргүзүлөрүн мисал катары көрсөтө кетейли. Ак халат кийген эркек жана аял лабораторияга киришет: аялдын колунда папка жана карандаш бар, эркектин колунда болсо кичинекей, ак, төрт кырдуу, катуу зат бар. Эркек ошол ак нерсени крандан чыккан кадимки суу толтурулган айнек идишке салат. Ал нерсе дароо идиштин үстүнө калкып чыгат. Аял жыйынтыктар баракчасына бир нерселерди жазат. Эркек кайрадан ошол нерсени идиштин түбүнө салат. Ал дагы калкып чыгат. Аял кайра жазат. Эркек ал нерсени идиштин эң түбүнө салат. Ал идиштин үстүнө калкып чыгат. Аял болсо жазып алат. Эркек салат. Ошол нерсе калкып чыгат. Аял дагы жазып алат. Бул экспериментти бир канча жолу кайталап көргөндөн кийин, контролдонгон абалда байкап көрүүнүн негизинде окумуштуулар пилдин сөөгүнөн жасалган самын суунун бетине калкып калат деген жыйынтыкты чыгарышат. Мына ушуну илимий негизде далилдөө деп айтса болот. Тилекке каршы, көптөгөн адамдар кайсы бир нерсе илимий жактан негизделбеген болсо, анда аны ишенимдүү нерсе деп эсептешпейт. Бирок бул миф. Илимий метод — кайсы бир нерсени далилдөөнүн жалгыз жолу эмес. Эгерде ушундай болсо Авраам Линкольн качандыр бир мезгилде АКШнын президенти болгондугун кантип далилдей аласыз, анткени бул окуя кайра кайталанышы мүмкүн эмес. Ал өтмүштө калган. Так ушул сыяктуу өткөн жума күнү эрте мененки саат 10 до тарых сабагынан кыйын экзамен болгондугун илимий түрдө далилдей албайсыз. Сиз муну контролдун астында бир канча жолу кайталап байкоо жүргүзө албайсыз. Бул бир жолу болуп өтүп кеткен. Бул тарых. Авраам Линкольндун президент болгондугу жана өткөн жумада экзамен болгондугун илимий негизде далилдей албаганыңыз бул окуялар болбогондугун билдирбейт да. Алар өткөндө болгондугу жөнүндөгү фактыны далилдөөгө мүмкүн. Алардын чын болгонун далилдеш үчүн жардам берген методду «Тарыхый фактыларды далилдөөгү юридикалык метод», же тагыраак айтканда «күбөлөрдүн көрсөтмөсү методу» деп койсо болот. Окуя чындыгында болгондугу жөнүндөгү фактыны күбөлөрдүн көрсөтмөсү методу аркылуу: үч түрдүү далилдер жолу менен далилдесе болот. Алар оозеки далил, жазуу түрүндөгү далил жана буюм-тайымдар аркылуу далилдер. Мындай түрдөгү «далилдер» күн сайын бүткүл дүйнөдөгү соттордо көрсөтүлөт жана бул — болуп өткөн тарыхый окуяны далилдөөнүн бирден-бир жолу. Мисалы, (күбөлөрдүн көрсөтмөсү методу) аркылуу Авраам Линкольн чындыгында америкалык президент болгондугун кантип далилдей алабыз? Анын башкаруусу учурундагы күбөлөрдү табууга мүмкүн болсо, аны билген, жолуккан, анын сүйлөгөнүн уккан адамдардан интервью ала алмакпыз. Бул оозеки күбөлүк болмок. Сиз анын жазган жазууларынын көчүрмөсүн, анын өлүмү жөнүндө жазган газеталарды жана ал тууралуу жазылган китептерди тапмаксыз. Бул жазуу жүзүндөгү күбөлүктөр. Анан акырында буюм-тайымдар аркылуу далилдерди — анын жеке чөнтөк саатын, анын өзүнүн сүрөтүн жана анын туулган жерин, керек болсо анын шекер салгычын тапмаксыз. Жума күнү эрте мененки саат ондо тарыхтан экзамен болгондугун кантип далилдей алмаксыз? Күбөлөрдүн көрсөтмөсү методу аркылуу сиздин мугалимиңиз муну күбөлөндүрө алат, өзүңүздүн датасы жана баасы коюлган экзамендик ишиңизди көрсөтө аласыз (албетте, эгерде аны ата-энеңизден жашырыш керек болбосо), акырында, экзамен убагында мектептин сүрөтчүсү тарткан сүрөтүн көрсөтө алышыңыз мүмкүн жана башка ушул сыяктуу. Илимий метод чектелүү. Анын жардамы менен өткөн окуялардын реалдуулугун далилдөөгө мүмкүн эмес. Наполеондун Ватерлодо талкаланып жеңилгенин, XVII кылымда Лондондогу бубон чумасы 150 000 адамдын өмүрүн алып кеткенин, Ыйсанын өлгөндөн тирилгенин бул метод менен далилдөөгө болбойт. Анткени бул окуялар кайталанбайт жана көзөмөлдүн астында байкоо жүргүзүүгө, маалыматтарды жазып алууга жана алардын негизинде жыйынтык чыгарууга мүмкүн эмес. Бирок тарыхый окуялардын реалдуулугун, чындыгында болгондугун күбөлөрдүн көрсөтмөсү методу аркылуу оозеки, жазуу жана буюмдар менен далилдесе болот. Ошондуктан Ыйсанын өлүп тирилгени илимий жактан негизделбегендиктен жалган, ишенүүгө болбойт дегендик бул — миф. Ыйсанын жашоосу жана кызматы, көрсөткөн кереметтери, Анын тирилүүсү жөнүндөгү бул фактылар күбөлөрдүн көрсөтмөсү методу аркылуу далилдене алат жана далилденген. Өзүңдүн көзүң жетсин Илимий далил керек деген мифтин жалган экендигине өзүң ишениш үчүн төмөнкү тапшырмаларды аткар. Жакан жазган Жакшы Кабардын 20-бөлүмүнүн 1–9 аяттарын оку. Бул аяттарда Ыйсанын тирилгендигин кандай буюм-тайымдар дадилдеп турганы көрсөтүлгөн? Жакан жазган Жакшы Кабардын 20-бөлүмүнүн 10–29-аяттарын оку. Жакан бул аяттарда Ыйсанын тирилүүсүнө күбө болгон жана ар түрдүү реакция кылган канча күбө жөнүндө сөз кылган? Ошол эле бөлүмдүн 30, 31-аяттарын оку. Бул аяттарда күбөлөндүрүүнүн кандай түрү эскертилген? Акырында, Корунттуктарга жазылган 1-каттын 15-бөлүмүнүн 3–8-аяттарын оку. Бул аяттарда Ыйсанын тирилүүсүнө күбө болгон канча күбө эсептелген? Күбөлөрдүн көрсөтмөсү методу аркылуу үйрөнгөндөрүңдү эске алып, Ыйсанын тирилүүсүнүн башка далилдерин келтире аласыңбы? 25. БУУГА БЫШЫРЫЛГАН ПОМИДОР ЖАНА КРОССОВКАЛАР Мээни жууп тазалоо жөнүндөгү миф Көптөгөн адамдарда машайакчылыкка кайрылуу — бул өзгөчө психологиялык таасирдин жыйынтыгы, адамды ишеничтүү сөздөрдүн жана эмоционалдуу айтылган машайакчылык мифтердин жардамы менен «мээсин жууп тазалоо» катары көргөн ой пайда болгон. Алар машайакчыларды толгон токой иллюзиялар менен жашаган адамдар катары элестетишет. Башкача сөз менен айтканда, өзүн дагы, башкаларды дагы кылдаттык менен иштелип чыккан интеллектуалдык оюндар аркылуу кеңкелес кылышат, анан ошол аркылуу жүрүм-турумда кээ бир өзгөрүүлөр пайда болот деп ойлошот. Бул миф. Тарых сабагынан талаш абдан кызыган мезгилде өзүмдүн кантип Ыйсага ишенип калганым жөнүндө айта баштадым. Мен бүтөйүн деп калганымда, мугалим мындай деди: «Угуңузчу, Макдауэлл, бизди күбөлөндүрүү эмес, фактылар кызыктырат. Мен ансыз деле машайакчы болуп калышкандан кийин жашоолору өзгөрүлгөн бүткүл дүйнө жүзү боюнча көптөгөн адамдарды билем». «Рахмат, — дедим мен. — Азыр мен аңгемемди кыскача жыйынтыктап коеюн, анан сиздин эскертмеңизге жооп берейин». Бир канча мүнөттөн кийин мен мугалимдин эскертмесине кайрылдым. «Көпчүлүк мага бир эле «Ыйса Машайак сиздин жашооңузда эмнени өзгөрттү?» деген риторикалык суроону берет. Ошентсе деле, мен сиздин сурооңузга жооп бергенге аракет кылайын. Ыйса Машайактын эки миң жыл мурда тирилгендигин миллиондогон адамдардын жашоосу Ыйсага ишенип, Аны менен жекече мамиле кыла баштаганда өзгөргөндүгү реалдуу далилдеп турат. Ал адамдар коомдун ар түрдүү катмарынан болсо да, таң калыштуусу, алардын жашоосу окшош өзгөрөт. Адам Машайакка ишенип калган учурда, ал таланттуу профессор болобу же өтө орой жапайы адам болобу — маанилүү эмес, анын жашоосу өзгөрө баштайт. Кээ бирлери менин сөзүмө маани бербеши мүмкүн, же жөн эле мени менен макул болуп коюшат. Бирок бул эч нерсени далилдебейт. Чындык дайыма чындык. Машайакчы үчүн анын жекече тажрыйбасы өзү менен бекем негизди — объективдүү негизди камтып турат. Бул объективдүү негиз — Ыйса Машайактын инсандыгы жана Анын тирилгендиги. «Мисал үчүн, — дедим мен, класска кайрылып, — кайсы бир студент бул класска кирип келип, мындай дейт: «Балдар, менин оң бутумдагы кроссовкамдын ичинде бууга бышкан помидор бар. Бул помидор менин жашоомду өзгөрттү. Ал мага мурда эч качан сезип көрбөгөн тынчтыкты, сүйүүнү жана кубанычты тартуулады. Андан сырткары азыр мен жүз метр жерди он секундда чуркап өтүп коем». Мен класстагыларга жылмайып койдум. «Эгерде жашоосу өзүнүн айтканындай болсо, анда мындай студент менен талашпай эле коюш керек. Ал өзүнүн ишенген нерсесинин айланасында чуркап жүрө берет. Жекече күбөлөндүрүү бир нерсенин реалдуу экендигин далилдөөдө субъективдүү аргумент катары кызмат кылат. Ошондуктан субъективдүү ыкманы жөнү жок нерсе катары четке кагып койбоо керек. Бирок субъективдүү тажрыйбанын ырастыгы жөнүндө талкуу кылса боло турган эки критерий бар. Биринчиден, конкреттүү субъективдүү чындыктын артында кандай объективдүү чындык жашырынып жатат? Экинчиден, канчалаган адамдар ушундай субъективдүү тажрыйбага ээ? Ушул эки критерийди кроссовкадагы помидор окуясына колдонуп көрсө кандай болот? Бул суроого ошол студент минтип жооп бериши мүмкүн эле: «Менин субъективдүү баштан өткөргөндөрүм оң бутумдагы кроссовкамдын ичинде жаткан бууга бышкан помидорго байланыштуу». Анда экинчи суроо туулат: «Бул класстагы, бул университеттеги, бул өлкөдөгү, бул континенттеги ж.б.у.с канча адам оң буттагы кроссовкасына бууга бышкан помидор салып алганда, ошондой сүйүүнү, тынчтыкты жана кубанычты сезип, батыраак чуркап калышты экен?» Бул суроону бергенимде класста каткырык жаңырды. Бул түшүнүктүү. Экинчи суроого жооп дайын: «Мындай адамдар эми жок!» Бирок бул эки критерийди машайакчылардын эмне сезгенине колдонуп көргөнгө аракет жасайлы. 1. Менин субъективдүү тажрыйбам — бул менин жашоомдун өзгөрүүсү. Анын артында кандай объективдүү чындык бар? Жооп: Ыйсанын инсандыгы жана Анын тирилүүсү. 2. Объективдүү чындык болгон — Ыйса Машайактын бар экендиги менен байланышкан ушундай субъективдүү тажрыйбага дагы канча адам ээ болгон? Жооп: Ар түрдүү тектен, ар түрдүү улуттан, ар түрдүү кесиптен чыккан миллиондогон адамдардын жашоосу жаңы деңгээлге көтөрүлгөн, Ыйса Машайакка кайрылгандан кийин аларда тынчтык, кубаныч жана сүйүү пайда болгон. Машайакчылык кайрылуу — бул мээни жууп тазалоо ишинин жыйынтыгы эмес. Ал субъективдүү экендигине карабастан машайакчылык тажрыйба объективдүү чындыкка негизделген жана көптөгөн адамдар муну өз жашоолорунда таң калыштуу образ менен баштарынан өткөрүшкөн. Бул улуу күч жөнүндө түйшүктөнгөнүн элчи Пабыл Корунттуктарга жазган катында мындай деп жазат: …Же эмне, адилетсиздердин Кудайдын Падышачылыгын мурастабай тургандыгын билбейсиңерби? Алданбагыла! Ойноштук кылуучулар да, бутка табынуучулар да, нике бузуучулар да, аял жандуулар да, бачабаздар да, уурулар да, дүнүйөкорлор да, аракечтер да, ушакчылар да, талап-тоноочулар да Кудайдын Падышачылыгын мурасташпайт. Айрымдарыңар ушундай адамдар элеңер. Бирок Теңирибиз Ыйса Машайактын ысымынын урматына Кудайыбыздын Руху аркылуу жуулдуңар, ыйыкталдыңар жана акталдыңар. 1 Корунттуктар 6:9–11 Өзүңдүн көзүң жетсин Мээни жууп тазалоо жөнүндөгү мифтин болбогон сөз экендигине ишениш үчүн Элчилердин иштери китебиндеги төмөнкү үзүндүлөрдү окугула жана Ыйсага ишенип калгандан кийин жашоосу өзгөрүлгөн адамдын атын, улутун жана кесибин көрсөткүлө. Биринчи сап үлгү үчүн көрсөтүлдү. — / Аты / Улуту / Кесиби Элч.иш. 8:26–39 Элч.иш. 9:1–9, 17–19 Элч.иш. 10:1–45 / белгисиз / эфиопиялык / жогорку даражалуу төрө Элч.иш. 16:11–15 Элч.иш. 16:22–33 26. ШЕКТЕНҮҮ БОЛУШУ МҮМКҮН ЭМЕС Ишенбеген Томас жөнүндөгү миф Байкуш Томас жөнүндө эмнелерди гана жазышпады, эмнеде гана айыпташпады! Албетте, анын репутациясы Ыйсаны сатып кеткен Жүйүттүкүнчөлүк жаман эмес. Айкаш жыгачка кадала турган күндөн бир күн мурда үч жолу баш тартып кеткен Петирге да салыштырып болбойт. Бирок Ыйсаны үч жыл бою ээрчип жүргөн шакирттерине караганда Томаска аз урмат көрсөтүшөт. Бул окуя Ыйсанын тирилгенинен кийин дароо болгон окуя эле. Томас Анын тирилгенинен шектенди. Шакирттери эшигин бекитип чогулуп отурган үйдүн эшигинде Ыйса шакирттерине көрүндү. Ошол мезгилде Томас шакирттердин арасында жок болчу. Башка шакирттер ага бул кабарды жеткиришкенде: «…Мен Анын колдорундагы мыктын тагын көрмөйүнчө, мыктын тагы калган жерине жана кабыргаларына колумду тийгизип көрмөйүнчө ишенбейм», – деди (Жкн.20:25). Кийинчерээк Ыйса Томаска жолугуп: «…Менин колдорум менен кабыргаларыма колуңду тийгизип көр да, ишенбеген адам болбой, ишенген адам бол!» – деди (Жкн.20:27). Ушул сөздү окуган көптөгөн адамдар Томасты шектенгендиги үчүн сындашат. Ушуну кылып жатып, алар башка шакирттер да анын тирилгендигинин далилин көрмөйүнчө ишенишпегендигин унутуп коюшат. Андан сырткары, ал убакта алар Ыйсанын колдорун жана кабыргаларын көрүп бүтүшкөн эле. Ыйса Томаска: «Сен шектенбешиң керек эле» — деп айткан эмес. Анын ордуна Ал Өзүнүн шакиртине далилди көрсөттү, анан минтип айтты: «…ишенбеген адам болбой, ишенген адам бол!» Анан акырында Томас баарын өз көзү менен көргөндөн кийин (Ыйык Китепте ал колун башында каалагандай Ыйсанын колундагы тешикке жана кабыргасына салып көргөн-көрбөгөнү жазылган эмес), Ыйсага кайрылып, тарыхтагы улуу ишенимдердин бири болуп калган сөздү айткан: «Теңирим менин! Кудайым менин!» Бул же тигил себептерден улам биз шектенүү бул жаман нерсе деген жыйынтыкка келебиз. «Чыныгы машайакчылар шектенишпейт», — дейбиз. Бул миф. Шектенүү ишенимдин карама-каршылыгы эмес; ал — ишенимдин ата-бабасы. Шектенүү ишенимди жок кылбайт; ал ага жол ачат. Көбүнчө шектенүү Томастын окуясындагыдай бизди чындыкка жетелеген себеп болот. «Чын дилден шектенүүдө бардык ишенимдин окутууларынын жарымына караганда көбүрөөк ишеним бар деген сөзүмө ишенгиле», — деп айткан Теннисон. Гордон жана Уильям өздөрүнүн «Римдиктерге жазылган кат: Эркиндиктин жана ырайымдын Жакшы Кабары» аттуу китебинин үстүнөн иштеп жатышканда алар «ишеним чындыкты издөө аркылуу өсөрүн, издеген адамда суроолор пайда болорун, а суроолор болсо «чын дилден шектенүүдөн» келип чыгарын байкашкан. «Шектенүү» сөзү гректердин «skeptikos» деген сөзүнөн келип чыккан, бул сөз «суроолорду берүүчү» деген маанини билдирет. Ишенбеген Томас жөнүндөгү миф, «чыныгы машайакчылар шектенишпейт» деген сөздөр Ыйык китептик негизге жатпайт. Томастын тажрыйбасынан улам шектенүү табигый нерсе экен, биздин шектенүүбүз чын дилден экен деп сабак алышыбыз керек жана бул шектенүү Ыйса бизге чындыкты ачып бергенде ишенимге алып барышы керек. Өзүңдүн көзүң жетсин Ишенбеген Томас жөнүндөгү мифтин жалган экендигине ишениш үчүн бул тапшырманы аткар. Жакан жазган Жакшы Кабардын 24-бөлүмүнүн 1–12-аяттарын оку. Аялдар Ыйсанын тирилгендиги жөнүндөгү кабарды айтып келишкенде шакирттер кандай жооп кылышты (2-аят)? Ошол эле китептин 24-бөлүмүнүн 13–24-аяттарын оку. Эммауска кетчү жолдо бараткан эки киши тирилүү жөнүндө алгач уккан жаңылыкка кандай реакцияда болушту? Алар мунун болгонуна ишеништиби же жокпу? Ошол бөлүмдөн 25–35-аяттарды оку. Бул эки шакирттин тирилүүгө болгон шектенүүлөрү кантип тарап кетти? Кийинки 36–47-аяттарды оку. Тирилген Машайакты көргөндө шакирттердин алгачкы таасири кандай болду (41-аят)? Анын тирилгенине алар кантип ишеништи (40, 42, 43 жана 45-аяттар)? Жакан жазган Жакшы Кабардын 20-бөлүмүнүн 19–29-аяттарын оку. Томастын «Теңирим менин! Кудайым менин!» дегенине Ыйса эмне деп жооп берди? Ыйса биздин дагы муну түшүнүп, Аны Теңир жана Кудай катары кабыл алышыбызды каалайт. А сен эмнеден шектенесиң? Сенин шектенүүлөрүң аркылуу Ыйса сени да жаңы ишеним баскычына көтөрүшү үчүн сыйын. 27. ҮЙ ӨСҮМДҮКТӨРҮ СЫЙЫНУУГА ЖООП БЕРБЕЙТ Ар кимдин өзүнүн ишеними бар деген миф Келли ашканада өзүнүн досу Хизер менен отурган. «Биздин ар бирибиз кайсы-бир нерсеге ишенебиз деп ойлойм. Машайакчылык — бул бардыгы эмес деп айткым келип турат. Маанилүүсү — сен кайсы-бир нерсеге ишенишиң керек». Бул сөздөр аны дагы ачыгыраак ойлонгонго жардам бергенсип, Хизер кашын керип койду. «Менимче сен туура айтасың, — деди ал. — Машайакчылык деле келип-келип ишеним аркылуу куткарылуу идеясынын негизинде курулган да. Ошондуктан мен… — Ал бир аз тыным жасап, анан акырын сүйлөгөнүн улантты. — Мен эмнеге ишенгениң маанилүү эмес, эгерде сен ишенсең ошол жетиштүү деп ойлойм». Кечирип кой Хизер. Кечирип кой Келли. Бул миф. Жакында коллеждин бир мугалими класстын алдында жарыялады: «Мен ишенимге таянам. Мен ишенимдин күчүнө ишенем. Ал жашоону толугу менен өзгөртөрүн көргөнмүн». Бирок бул экзистенциализм, машайакчылык эмес. Экзистенциализмде негизги басым «ишенүүгө» жасалат, эмнеге же кимге ишенгендигиң маанилүү эмес. Бир жолу мени бир чоң университетте өтө турган дебатка философия факультетинин деканына оппонент катары чакырып калышты. Дебат адамды экономикалык күчтүн өнүгүшүнүн жемиши катары караган марксисттик теорияга арналган эле. Мага сөз кезеги берилгенде мен үчүн, тарыхый жана ыйык китептик ишенимди бекем кармаган адам үчүн, Ыйсанын тирилүүсү чечүүчү мааниге ээ экендигин белгиледим. «Угуңузчу, Макдауэлл, — деп сөзүмдү бөлдү оппонентим, — сөз тирилүүдө эмес да. Бул окуянын болгон болбогону анчалык деле маанилүү эмес. Маанилүүсү — сиз буга ишенесизби?» «Мырза, — дедим мен. Сиз адашып жатасыз. Чындыгында кептин баары мен ишенген нерсе чындыкпы же жокпу ошондо. Мындай окуянын болгон болбогону маанилүү эмес. Анткени эгерде мен ишенген нерсе чын эмес болсо, анда мен машайакчылык ишенимге укугум жок. Дебат бүткөн соң мага бир мусулман-студент келди. «Макдауэлл мырза, — деди ал. Мен кээ бир мусулмандарды билем, алардын Мухаммедке болгон ишеними кээ бир машайакчылардын Машайакка болгон ишенимине караганда бир кыйла күчтүүрөөк». «Балким ошондойдур, — деп жооп бердим мен. Бирок кеп мында эмес. Кеп кимдин ишеними күчтүүрөөк экендигинде эмес, сиздин кимге ишенгендигиңизде». Сиздин ишенимиңиздин баалуулугу ишенимдин өзүндө эмес, сиздин кимге ишенгендигиңизде. Балким сиздин ишенимиңиз жер бетинде болгон, азыр жашап турган жана келечекте жашай турган бардык адамдардыкынан күчтүүрөөктүр, бирок эгерде сиз өз ишенимиңизди чогултсаңыз, мисал үчүн, сиздин бөлмөңүздү кооздой турган гүлдү түбөккө отургузгандай отургузсаңыз, Кудай менен куткаруучу өз ара мамилени орното алабы? Күнөөлөрүңүзгө кечирим ала аласызбы? Эмне үчүн жок, эгерде сиз ошончолук күчтүү ишенимиңиз бар болсо? Анткени сиз үйдө өсчү өсүмдүккө ишенип жатпайсызбы? Башка тараптан алып көргөндө, сиздин сары кычы данындай ишенимиңиз бар дейли жана бул ишенимди сиз Ыйса Машайакка чогулткансыз, Кудай менен куткаруучу өз ара мамилени орното алабы? Күнөөлөрүңүзгө кечирим ала аласызбы? Албетте. Эмне айырмачылыгы бар? Ишенимиңиздин объектинде айырма бар, сиз Ишенген Бирөөдө айырма бар. Мына айырмачылык кайда жатат. Машайакчылык ишеним субъективдүү эмес, бул жекеден-жекече ишеним эмес, ал бүтүндөй объективдүү ишеним. Мына ошондуктан элчи Пабыл минтип жазат: Эгерде Машайак тирилген эмес болсо, анда силердин ишенимиңердин пайдасы жок: күнөөлөрүңөр дагы деле өз мойнуңарда. 1 Кор.15:17 Субъективдүү ишенимде канчалык күчтүү ишенген маанилүү эмес, сизди күнөөдөн куткаруу үчүн ал ажетишсиз экендигин Пабыл жакшы түшүнгөн. Качан гана сиздин ишенимиңиз тирилген Ыйса Машайакка болгон ишенимге айланганда силер «ырайымдын негизинде, ишеним аркылуу куткарыласыңар…». (Эф.2:8 курсив автор.). Сизди ишеним куткарбайт; сизди Ыйса Машайак куткарат. Өзүңдүн көзүң жетсин Ар кимдин өзүнүн ишеними бар деген мифтин жалган экендигине ишениш үчүн, бул тапшырманы аткар. Жакан жазган Жакшы Кабардын 3-бөлүмүнүн 16-аятын оку. Бул аяттагы «Ага» деген сөздүн биз түбөлүк өмүргө ээ болушубуз үчүн канчалык маанилүү экендигине көңүл бур. Жакан жазган Жакшы Кабардын 8-бөлүмүнүн 24-аятын оку. Бул аятта Ыйса ишенип гана коюу керек экендигин түшүндүрүп жатабы же Ага ишенген маанилүү экендигин айтып жатабы? Элчилердин иштери китебинин 16-бөлүмүнүн 30 жана 31-аяттарын оку. Пабылдын Филиппидеги түрмө сакчысына айткан сөзү боюнча эмнеге (же кимге) ишениш керек? Римдиктерге жазылган каттын 3-бөлүмүнүн 22-аятын тап. Бош калтырылган жерге сөздү толтур: «Кудайдын бул адилеттиги — бардык ишенгендерге ___________________ишеним аркылуу бериле турган адилеттик…». 28. КҮНӨӨ, АНТКОРДУК ЖАНА БИЛЛИ ГРЭМ Элмер Гентри жөнүндөгү миф Элмер Гентри — Синклер Льюистин белгилүү бир романындагы башкы каарман. Гентри ач көз, аягы суюк, үйрөткөнүндөй жашабаган Кудай Сөзүн айтуучу болгон. Анын сөздөрү, үйрөтүүсү дегеле бүткүл жашоосу алдамчылыкка жана митаамдыкка толо болгон. Акыркы жылдарда Элмер Гентри деген ойдон чыгарылган ысым бир канча белгилүү Кудай Сөзүн айтуучулардын жана жыйындын кызматчыларынын атын каралаганда кеңири колдонулуп калды. Никеден тышкаркы байланыштары жөнүндө көпчүлүккө белгилүү болуп калганда жана аны токтотууга кылган аракетинде Джим Беккердин абийири айрандай төгүлдү. Даңкы өчтү. Болуп өткөн окуялардан кабардар болгон Джимми Своггарт Беккердин кадырын кетирген сөздөрдү (жактырбаган сөздөрдү) айтты, бирок анын да порнография менен алектенерин мажбурлап мойнуна алдырышканда анын сөздөрү да түккө турбай калды. Маалымат каражаттары аркылуу бул жана башка жаңжалдарга өтө көп көңүл бурулду. Мунун айынан көпчүлүк Элмер Гентри жөнүндөгү мифке ишенип калды жана Кудай Сөзүн айтуучулардын, жыйындын кызматчыларынын көпчүлүк бөлүгү эки жүздүү жана жийиркеничтүү адамдар деп ишенип калышты. Анын үстүнө ушундай окуялардын айланасында чуу көтөргөн бул газеталардын, журналдардын жана телеберүүлөрдүн бардыгы эмнегедир Кудайга өздөрүн курмандык кылуу менен берилип кызмат кылган жана кылып жаткан Жакшы Кабар таратуучулар жана Кудай Сөзүн айтуучулар жөнүндө кеп козгобойт. Джимми Своггарттын күнөөсү жана анын булганган абийирин, абалын калыбына келтирүүгө кылган далалаты жыйындын кызыкчылыгы үчүн өзүн курмандык кылган Билли Грэмдин элүү жылдык эмгегин жөн эле өчүрүп салды. Анын үйрөтүүлөрүн миллиондогон адамдар угушар эле, анын жашоосу эч качан өзү үйрөткөн нерселерине карама-каршы келген эмес. Ошого карабастан ал кызматын баштаганда жана азыркы кезде да өзүнүн кандайдыр-бир аракети менен Кудайдын атын жаманатты кылып коембу деп корко тургандыгын мойнуна алган. Билли Грэм, Луи Пало, Чарлз Колсон, Досон Макаллистер жана Чарлз Суиндолл — машайакчы лидерлердин арасында үйрөткөндөрүндөй жашаган аз сандагы адамдардын аттары. Тан калыштуусу, биздин коом Кудай Сөзүн үйрөтүүчүлөрдүн жана жыйындын кызматчыларынын арасында толтура эки жүздүүлөр деп ырастаган Элмер Гентри жөнүндөгү мифке өз каалоолору менен ишенишет. Бирок бул миф. Элчи Петир биринчи кылымдын машайакчыларына мындай деп эскерткен: «…силердин араңарда да жалган окутуучулар болот». Ал дагы «ошолордун айынан чындык жолу жаманатты болот» деп кошумчалап кеткен (2 Пет. 2:1, 2). Мына ошондуктан шайтан Элмер Гентри жөнүндөгү мифти жайылтыш үчүн тынымсыз иштеп жатат. Ал чындык жолу жаманатты болушун каалайт, Кудайга кызмат кылган эркектердин жана аялдардын үйрөтүүлөрү күнөө жана эки жүздүүлүк менен жаманатты болушун каалайт. Башкалар муну кылганына карабай чындык чындык боюнча калат. Биз баары бир куткарылууну ырайымдын негизинде, биздин Кудайыбыз Ыйса Машайакка болгон ишенимибиз аркылуу алабыз. Жана Кудайда башында бар болгондой эле «силерди жыгылуудан сактай ала турган, Өзүнүн даңкынын алдында кемчиликсиз кылып, кубанычыңарды сактап тура ала турган» бийлиги бар (Жүй.24). «Демек, — деп айткан Петир, — …мыйзамсыздардын азгырыгына жетеленүүдөн, өзүңөр бекемделген негизден четтеп кетүүдөн сак болгула. Кудайдын ырайымы астында өскүлө, биздин Теңирибиз жана Куткаруучубуз Ыйса Машайакты таанып билүүңөр өсө берсин. Даңк азыр жана түбөлүктөн түбөлүккө Аныкы! Оомийин». (2 Пет. 3:17, 18). Өзүңдүн көзүң жетсин Элмер Гентри жөнүндөгү мифтин сандырак сөз экендигине ишениш үчүн төмөнкү тапшырманы аткар. Филиппиликтерге жазылган каттын 1-бөлүмүнүн 15–18-аяттарын оку. «Машайак жөнүндө таза ниет менен эмес, атаандаштык менен жар салып жатышкандар» жөнүндө Пабыл эмне деп айткан? Анын ою боюнча эмне маанилүүрөөк? Корунттуктарга жазылган 2 каттын 11-бөлүмүнүн 3–15-аяттарын оку. Пабыл корунттуктардын «Машайак жолундагы жөнөкөйлүктөн жана тазалыктан четтеп», «өздөрүн Машайактын элчилери кылып көрсөтүшкөн» жалган окутуучулардын артынан ээрчип кетүүсүнөн этияттайт. Пабылдын айтканы боюнча, мындай боло турганы эмне үчүн Пабылды таң калтырбайт? Корунттуктарга жазылган 1 каттын 4-бөлүмүнүн 16–17-аяттарын оку. Пабыл башкалардан аны колдоосун суранганга негизи бар эле! Ал эмне үчүн бул тууралуу ушунчалык ишеним менен суранып жатат? (17-аят) Биз көрүнүктүү машайакчы лидерлердин жаңжалдуу окуяларга аралашып калганын көргөнүбүздө, Пабыл айткандай, өзүбүз этият болушубуз керек. Корунттуктарга жазылган 1 каттын 10-бөлүмүнүн 12-аятын оку. Бул аяттагы трагедия бизге кандай таасир этиши керек? 29. ЖЫЛАНДЫН АЙЛАКЕР УБАДАСЫ «Жаңы эра» кыймылы тууралуу миф Чачы тармал, камаарабаган түрү бар аял дүкөндө досуна өзүнүн «магиялык кварц кристаллынын» айыктыруучу күчү жөнүндө айтып жатты. «Мына бир жылдан бери мурун бүтүү эмес, баш ооруну да билбейм», — деп тастыктады ал. Жүзү жагымдуу, тынч эркек музыкалык үндөр жана сүрөттөрдүн жардамында жаныбарлар дүйнөсүнүн кээ бир өкүлдөрү (киттер, дельфиндер жана канаттуулар) менен мамилелеше ала тургандыгын айтып ишендирди. Чоң кызмат ордун ээлеген жагымдуу эркек байыркы кытай принциптеринин чечимдерин кабыл алуу боюнча жетекчилик кылат, ал эми жетимиш бир жашка чыккан мээримдүү чоң эне он биринчи кылымда Римдик-католиктик жыйындын монахинясы болгондогу «эскерүүлөрү» менен бөлүшөт. Гуру, башка планетанын өкүлү, гипноз, астралдык проекциялар, чыгыш философиясы — деги койчу ал жерде эмнелер гана жок. «Жаңы эра» кыймылы (кыскартканда «ЖЭ») — бул Ширли Маклейндин «Четинде» («Out on a Limb») аттуу китеби жана (телеберүү сериаларынын) жардамы менен өзгөчө белгилүү болгон ар түрдүү идеялардын жана ишенимдердин бир жыйнагы. «ЖЭ» — бул дин же кандайдыр бир группа эмес, бул акылдын багыттуулугу, дүйнөгө болгон көз караш; ал өзүнө ар түрдүү идея жана түшүнүктөрдү камтыйт. «ЖЭ» кыймылы өзү эмне экендигин бир сүйлөм менен жеткирүүгө мүмкүн болбосо да, анын жактоочуларына мүнөздүү болгон көз карашты чыгарууга болот. Алар Кудай бардык жерде бар деп эсептешет, биз бардыгыбыз — кудайбыз жана акыл оюбузду өзгөртүп кудай боло алабыз, «кудайды» өзүбүздөн издешибиз керек деп ойлошот (аны менен бирге чектелбеген мүмкүнчүлүктөрдү да). Бул миф. «Жаңы эра» кыймылы азыркы учурда ушунчалык популярдуу болуп жаткандыгына карабай, анда жаңы эч нерсе жок. Ага арналган телеберүүлөрдүн жана миңдеген тираждар менен чыгып жаткан китептер сериясында да эч кандай жаңылык жок. Анын тамыры Эдем багындагы мезгилге барып такалат. Башталыш китебинде шайтан жылан кейпин кийип алып, Адам менен Обого тыюу салынган жемиштен жесеңер «жакшылык менен жамандыкты билген Кудайдай болуп каласыңар» деп убада берген. Бирок шайтан жарым чындыкты жаратуучу, ал аларды алдады. Алар жакшылык менен жамандыкты билгени менен кудай болуп калышкан жок (күнөө кылган убакытка чейин алар жакшылыкты гана билишчү). «ЖЭ» кыймылы адамдар мурункудай эле ошол катачылыкты кетирип жатышканын күбөлөндүрөт. Төрт жүз жыл мурда Монтень белгилеп кеткендей: «Адам чындыгында акылсыз. Ал кичинекей нерсени жарата алган жок, бирок сокур акылы аркылуу кудайларды жаратат». Бирок Кудай Сөзү «ЖЭ» кыймылынын идеялары миф экендигин көрсөтөт. Ыйса жөнүндөгү бул сөздөрдү окуу жетиштүү: Ал Кудайдын бейнеси болгонуна карабастан, Өзүнүн Кудай менен теңдигин олжо деп эсептеген жок. Бирок кул кейпин кийип, адамга окшош болуп, сырткы көрүнүшү боюнча адамдай болуп, Өзүн Өзү басынтты. Флп. 2:6–8 Ыйык Китептин башка эч бир нерсе менен салыштырылгыс Жакшы Кабары адамдар кудай боло алышат дегендикте эмес, а Кудай Өзү «адам кейпинде» келип, биз түбөлүк өмүргө ээ болушубуз үчүн биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлгөндүгүндө. Өзүңдүн көзүң жетсин «Жаңы эра» кыймылы тууралуу мифтин абсурд экендигине ишениш үчүн төмөнкү тапшырманы аткар. Башталыш китебинин 3-бөлүмүнүн 1–7-аяттарын оку. Шайтан Адам менен Обого тыюу салынган жемишти алып жешсе эмне болорун убада кылды (5-аят)? Алар жемишти жегенде бул эки убаданын кайсынысы аткарылды(7-аят)? Алардын кудайдай болуп калары жөнүндөгү убада аткарылдыбы? Элчи Пабыл жана элчи Барнаба менен эмне болгонун оку (Элч.ишт.14:8–18). Алардын адамды айыктырганына көпчүлүк кандай мамиле кылды (7-аят)? Көпчүлүк аларды кудайлар деп атаганда бул эки улуу миссионер эмне деп жооп беришти (14-аят)? «ЖЭ» кыймылынын мүчөлөрү Пабыл менен Барнабага өз акылдарын өзгөртүп, кудай болорун жарыялаганда алар эмне деп жооп бермек эле? Элчилердин иштери китебинин 12-бөлүмүнүн 21–23-аяттарын оку. Эл Ироддун сүйлөгөнүнө кандай баа берди (22-аят)? Алар өздөрү тапкан «кудайга» эмне болду (23-аят)? 30. МУНУН БААРЫ МАГА ЭМНЕ ҮЧҮН БОЛДУ? Эч кандай кара булуту жок жашоо жөнүндөгү миф Он жети жаштагы машайакчы кыз Синди бош убактында ресторанда иштечү. Жума күнү үйүнө кеч кайтты. Жолдо келе жатып, кокусунан ал коркунучтуу окуяга кабылды — жолдун ортосунда ага каршы машина келе жатты. Синди буйтап кетүүгө аракет кылды, бирок каршы келе жаткан машина анын «Шевролесине» келип урулду. Катуу соккудан улам Синди каза болду. Анын өлүмүнө себеп болгон машинанын айдоочусу мас абалда эле. Эки жашар Вера үйүнөн анча алыс эмес бакчада ойноп жатканда аары чагып алды. Кыздын бети заматта шишип кетти. Бул канчалык коркунучтуу экендигин билген апасы дароо ооруканага алып жөнөдү, бирок алар жетишпей калды. Жолдо баратканда Вера чарчап калды. Ата-энеси кызынын аарынын чакканына каршы аллергиясы бар экендигин билишкен да эмес. Эң төмөнкү кастадан чыккан индиялык аял төрөдү. Төрөгөн баласы болгону төрт ай жашады. Үйлөрү жок болгондуктан төрт айлык жашоосунун бардыгын картондон жасалган кутуда өткөрдү жана арыктыктан өлдү. Энеси болсо андан эки айдан кийин каза тапты. Жашоодо көптөгөн адилетсиздиктер бар: балдар өлөт, жакшы адамдар азап тартышат, кээ бир машайакчылар чыдай алгыс азаптарга туш болушат. Ошол азапка чыдаган жакшы адамдар да көбүнчө: «Мунун баары мага эмне үчүн болду? Мен буга татыктуу эмесмин! Бул адилетсиздик», — деп айтышат. Тарыхын Ыйык Китептен табууга мүмкүн болгон байыркы патриарх Аюбдан баштап, «Жакшы адамдар менен болгон жаман окуялар» деген китептин автору, дин окутуучусу Гарольд Кушнерге чейинки адамдар муундун-муунга бул суроону берип келишет. Бул суроонун артында жакшы адамдар, өзгөчө машайакчылар күрөштөн эркин болушу керек, азап-кайгысыз, кара булутсуз жашоодо жашаш керек деген ой жатат. Бирок бул миф. Кудай эч качан машайакчыларга кара булутсуз жашоону убада кылган эмес. Ал эч качан жашоо жеңил болорун жана жакшы адамдарга жакшы гана окуялар даярдалганын айткан эмес. Ал Өзүн сүйгөн жана Өзүнө кызмат кылган адамдарга комфорт жана таттуу жашоону гарантия берген эмес. Бирок кылымдардан бери адамдар ушинтип ойлоп келишет. Эгерде адамдар Ыйык Китепти кунт коюп окуй турган болсо, бул ойдун жаңылыш экендигин түшүнүшөт. Ыйсанын шакирттери ага түбөлүктүү суроо болгон адамдар эмне үчүн азап тартат деген суроону беришкен. Алар ага төрөлгөндөн сокур болуп төрөлгөн адамды көрсөтүшкөн. «Устат, — деп сурашты алар Андан. — Бул кишинин сокур болуп төрөлүшүнө кимдин күнөөсү себеп болду: өзүнүкүбү же ата-энесиникиби?» Ыйса минтип жооп берди: «өзүнүкү да, ата-энесиники да себеп болгон жок…» (Жкн.9:2, 3) жана ал адамды айыктырды. Дүйнөдө болуп жаткан көптөгөн жамандыктар жөнүндө да ушуну айтууга болот. Кээ бир адамдар күнөө кылганы үчүн азап тартат, мисалы, дүкөндү тоногону үчүн түрмөгө түшөт. Кээ бирлер болсо башка бирөөлөрдүн күнөөсүнүн айынан азап тартат, мисалы, ата-энеси кокаин колдонгондуктан баласы майып болуп төрөлөт. Бирок жер бетиндеги көпчүлүк окуялар «өзүнүкү да, ата-энесиники да себеп болгон жок…» деген категорияга кирет. Кудай дүйнөнү жаратканда Ал табияттын мыйзамдарын да кошо жараткан: мисалы, жердин тартылуу күчү же кыймылдын закону. Биз бардыгыбыз ушул мыйзамдар боюнча жашайбыз. Бирок убакыт өткөн сайын биз мунун курмандыгы болобуз. Кээде ошол жердин тартылуу күчүнүн айынан ичинде толтура адамы бар учак жерге түшүп жарылат. А кээде болсо кыймылдын закону автомобилдердин кагылышы сыяктуу жыйынтыктарга алып келет. Кудай жакшы адамдар үчүн жаратылыштын мыйзамдарын жок кылып таштабайт да. Жашоодо чындыгында көптөгөн адилетсиздиктер бар. Катастрофалар, оорулар, трагедиялар, өлүм — булардын баары машайакчылардан кыя өтүп кетпейт. Чынында Ыйсанын шакирттерине берген убадасы болжол менен мындай болгон болсо керек: «Бул дүйнөдө азап тартасыңар». Бирок, ошону менен катар ал машайакчыларга ишенимдүүлүктү берген: «…кайраттуу болгула, анткени Мен бул дүйнөнү жеңдим» (Жкн.16:33). Машайакчылар азаптардан бошотулган эмес; бирок булар алар үчүн даярдалган, анткени: «…Бул дүйнөнүн акырына чейин, бардык убакта Мен силер менен болом» — деп айткан Бирөө алар менен дайыма болот (Мт. 28:20). Өзүңдүн көзүң жетсин Эч кандай кара булуту жок жашоо жөнүндөгү мифтин болбогон сөз экендигине ишениш үчүн бул тапшырманы аткар. Ыйык Китептен алынган төмөндөгү үзүндүлөрдү оку. Азап тарткан элди же ошол адамдарды аныкта. Алар эмне үчүн азап тартышкан? Кудай аларды азаптардан жана кайгылардан арылттыбы? Ал алар үчүн кандайдыр-бир чара көрдүбү? Эгер ооба болсо, анда ал эмне? Элч.ишт. 4:1–13, 21 ________________________________ Лк.23: 32–43 ______________________________________ 1 Кор.6: 4–10 _____________________________________ 2 Кор. 12: 7–10 ____________________________________ ЖАШОО ЖАНА БАКЫТ ЖӨНҮНДӨГҮ МИФТЕР 31. БАЙЛАР — БАКТЫЛУУЛАР Бакыт байлыкта деген миф Балдар, бул адамда баары бар болчу. Өз убагында мектепти таштап салган Риччи деген досум бар эле. Окуусун улантканга мүмкүнчүлүгү болбогондуктан эмес, билим жөнүндөгү диплом жок болсо деле, көп акча табууга болот деп түшүнгөндүктөн таштап салган. Ал тумчуктурган класстык бөлмөнү калтырып, заводго ишке орношту. Заводдун берген айлыгы он алты жаштагы бул өспүрүмдүн ою боюнча көп эле. Бул иш ага ушунчалык жакшы нерселерди сатып алганга мүмкүнчүлүк берди, ал нерселер менин кыялымда гана жашачу. Ал өзүнүн машинасы менен ылайды чачыратып, карда жүргүчү менен шамалдай зымырап, моторлуу кайыгы менен көлдө чапкылап жүрчү. Акчасын да туш келди тарапка чачып жүрдү. Алгачкы убактарда мен ага көз артып жүргөнүмдү мойнума алышым керек. Бирок аны заводдон тез эле чыгарып салышты, айлык да болбой калды. Айлыгы менен кошо карда жүргүчүнөн да, кайыгынан да, машинасынан да айрылды. Риччи баарынан кол жууду. Андан да жаманы, анын бардык жашоосу аңтартеңтер болуп кетти. Бай жашоого жетүү үчүн абдан аракет кылчу. Көбүрөөк буюмга ээ болуу анын жашоосунун негизги максаты болуп калган эле. Кайыкты сатып алары менен дароо башка нерсе сатып алууну пландаштырды. Риччи бакыт байлыкта деген мифке «сатылып кеткен» эле, ал өз ичинен кымбат баалуу буюмдарга ээ болсоң, бакыт сага сөзсүз келет деп ойлогон. Эртеби-кечпи мындай ой баарыбызга келет. Жакында сегизинчи класстын окуучусу Эймос жашоосунда эмне менен алектенерин, кандай кесипке ээ болгусу келерин билбестиги жөнүндө мени менен бөлүштү. Бирок башкысы — кымбат баалуу машинага, шаардын белгилүү районунан квартирага ээ болуш үчүн көп акча табуу керек экендигин ал билет экен. Бардык рекламалык индустрия бул дүйнөнү колдоо үчүн кызмат кылат. Кайсы буюмдар болбосо жашоого мүмкүн эмес экенин телеберүү, радио, журналдар дайыма сиздерге билдирип турат: «Свотч», «Кельвин Кляйн», «Понтиак», «Филипс» (жашоону жакшы жагына өзгөртөбүз), «Джордаш», «Сони», «Мейбеллин» (баары сага суктанышат), лазердик ойноткучтар, видеомагнитофондор, машина, виртуалдык чындык жана «Эм Ти Ви». Кандайдыр-бир буюмга ээ болуу менен сиз бактылуу болосуз деп ишендириш үчүн реклама жаратуучулар тынымсыз эмгектенишет. Мейли, ушундай болсун дейли, анда бактылуу болуш үчүн канча акчаң болушу керек? Кайсы маркадагы машина сиздин бардык кыялдарыңызды орундата алат? Эгерде сиздин бардык каалоолоруңуз аткарылып бүтсө, колуңузду силкип: «Уф-ф! Мына баарына ээ болдум!» дей алат белеңиз же кезектеги тизмени түзүүгө даярданат белеңиз? Рухтун кылычы болгон Кудай Сөзү бакыттын байлыкта эмес экендигин ачык айтат, жогоруда айтылгандардын баары миф. Жакшы кабарчы Лука Ыйсанын эскертүүсүн жазган: …«Байкагыла, дүнүйөкордуктан сак болгула! Анткени адамдын өмүрү байлыгынын көптүгүнөн көз каранды эмес», – деди. Лк.12:15 Элчи Пабылдын Филиппиликтерге жазган катындагы сөзүнөн анын бакытты кайдан табууну билгендигин көрө алабыз. Жана бакыт анда бар болчу. Ал кубаныч менен минтип жар салат: Ар дайым Теңир менен кубангыла, дагы да айтам: кубангыла. Флп. 4:4 Филиппиликтерге жазылган кат кыска болгону менен анда «кубаныч» жана «кубангыла» деген сөз он жети жолу кайталанып жазылган. Демек, бакытты кайдан тапса болорун Пабыл жакшы билген. Токтой тургула-а-чы. Эгер биз бул каттын биринчи бөлүмүнө көз жүгүртө турган болсок, кубаныч жана бакыт жөнүндөгү бул сөздөрдү Пабыл түрмөдө отуруп жазып жатканын түшүнө алабыз (12–14-аяттар). Биздин элестетүүбүз боюнча элестете турган болсок, анда эч нерсе жок болчу. «Свотч» сааты да, машинасы да, «Джордаш» джинсысы да, керек болсо плейери да жок болчу. Бирок ал бактылуу эле. Ал минтип айтат: Муну муктаж болгонумдан улам айтып жаткан жокмун, себеби болгонуна ыраазы болууга үйрөнгөм: жокчулукта да, молчулукта да жашай алам. Мен бардыгына үйрөнгөм: ачкачылыкка да, токчулукка да, барга да, жокко да көнгөм. Мага күч-кубат берген Ыйса Машайак аркылуу бардыгын кыла алам. Флп. 4: 11–13 Бакыт сен ээ болгон нерседен көз каранды эмес. Чындыгында, чыныгы бакыт сырткы нерсе менен байланыштуу эмес. Айланасында бороон согуп жатса да, же мемиреген тынчтык сүрүп турса да, бай же кедейлигине карабай машайакчы адам кубанычта жашай алат. Мунун себеби ички абалда, Ыйса Машайак берген руханий дүйнөдө жана тынчтыкта. Өзүңдүн көзүң жетсин Бакыт байлыкта деген мифтин болбогон нерсе экендигине ишениш үчүн төмөнкү тапшырмаларды аткар: Тиметейге жазылган 1-каттын 6-бөлүмүнүн 9-аятын оку. Ал жерде бай болууга умтулгандар жөнүндө эмне деп айтылган? Тиметейге жазылган 1-каттын 6-бөлүмүнүн 3–5-аяттарын оку. Бул аяттарда Пабыл такыбаалыкты байлыкка жетүүнүн жолу деп ойлогон адамдар жөнүндө айтат. Ушул эле бөлүмдүн 6-аятында Пабыл байлыкка умтулууну башка позицияга карама-каршы коет. Анын сөзү боюнча «улуу байлык» эмне? Эврейлерге жазылган каттын 13-бөлүмүнүн 5-аятын оку. Бул аяттарда колуңда болгонуна ыраазы болуунун себептерин көрсөтөт. Ал кандай себеп? Колуңда болгонуна ыраазы болушуң менен сенин жашооңдо Кудайдын туруктуу катышуусунун кандай байланышы бар? Лука жазган Жакшы Кабардын 6-бөлүмүнүн 38-аятын оку. Ыйса бул аятта ач көздүк жөнүндө эмне айтат? Марттык жөнүндөчү? Ал байлык жөнүндө эле айттыбы, же Ал башка нерселер жөнүндө да сөз кылдыбы? Эми эсептеп көр, сенин оюң боюнча, бактылуу болуш үчүн эмнелерди кылуу керек экен. Чынын айт. Сен эсептеген нерселердин ичинен канчасы акчадан көз каранды экен? 32. БЕТИ ЖОКТУК ЖАНА УЯТСЫЗ ДОДЖЕР Лео Дурчердин мифи «Уятсыз» Лео Дурчер XX кылымдын 30–40-жылдарында бир топ убакыт бою бруклиндик «Доджерстер», ньюйорктук «Янки», цинциннаттык «Редстер» жана сентлуисстик «Кардиналдар» командасында ойноп жүргөн. Андан сырткары ал жогорку лигада да бир канча ийгиликтерге жетишкен. Бирок буларга караганда Дурчер өзүнүн ачуусу чукул мүнөзү менен жана жүрүш-турушун актаган турмуштук принциптери менен көбүрөөк даңкталган болушу керек. Анын ошол принциби мындай болгон: «Ким эреже боюнча ойносо, ал финишке акыркы болуп келет». Бузуку Дурчер команданын менеджери катары Улуттук лиганын үч жолку сыйлыгына жетишкен. Анын командасынын ойноо стили дагы анын өзүнүн жеке стилине окшошо баштаган. Ал жеңишке жеткиси келген адам мушташса, аймап алса, тиштеп алса, катуураак урса, түртүп жиберсе жана башкалардын жанын ачытса да боло берет деп эсептеген. Бирок бул миф. Лео Дурчердин мифи. Мындай мифти Дж. Р. Эвингдин мифи же Анджела Ченнингдин мифи деп атап койсо да боло берет. Аны кандай атасаң да — миф боюнча кала берет. Орэл Леонард Хершисер IV 1988-жылдагы дүйнөлүк чемпионаттын убагында өзүн лос-анджелесстик «Доджерстер» командасынын биринчи класстагы питчери (топ берүүчүсү) катары көрсөтө алды. Ал ошол жылдагы тандап алуучу матч убагында жыйырма үч оюнду жеңип алган; бир дагы упайды жоготпостон, элүү тогуз жолу топту биринин артынан бирин берүү менен рекорд койгон; чемпиондор лигасынын оюндар сериясында нью-йорктук «Метстерге» каршы таймашта, «Доджерстердин» окленддик «Эйсалардын» үстүнөн болгон жеңиште, АКШнын бейсбол боюнча ар жылда болчу чемпионатында эң жакшы оюнчу сыйлыгына татыктуу болгон. Андан сырткары, аны бир добуш менен улуттук лиганын эң жакшы топ берүүчүсү деп таанышкан. Анткени Орэл эреже боюнча ойногондордон болчу. Ал машайакчы болгон. Бир дагы упай жоготпостон топ берүү рекордуна ээ болгондон кийин, ал дароо тизе бүгүп отуруп, Кудайга ыраазычылык билдирген. Бейсбол боюнча АКШ чемпионатында финалдык оюн бүткөндөн кийин чечинүүчү жайда оюн аянтында өзүн тынчтандырыш үчүн жана оюн бир жерге топтош үчүн ичинен гимнди ырдап турганын кабарчыга айтып берген. Ошол эле күнү кечинде улуттук телеберүүдө: «Бул диний темага арналган телеберүү болбосо да, мен Кудайга ыраазычылык билдиргим келет» деп айткан. Кийинки сезондо ал далысынан жаракат алган. Бул жаракат анын спорттук карьерасына чекит койгон. Ошентсе да анын бейсбол жаатындагы жетишкендиктери рекорддор китебинде анын талантынын жана ийгиликке болгон тынымсыз эмгегинин далили болуп түбөлүккө кала берет. Эгерде, эреже боюнча ойногондор финишке акыркы болуп келе турган болсо, анда Орэл кантип ошончо ийгиликтерге жетише алды? Рухтун кылычы болгон Кудай Сөзү –– Лео Дурчердин мифин жокко чыгарат, анткени ал жалгандын үстүнө курулган. Лео Дурчердин мифи: «Ким эреже боюнча ойносо, ал финишке акыркы болуп келет» — деп айтат. А Ыйык Китепте болсо мындай айтылган: Момундар бактылуу, анткени алар жерди мурасташат. Мат.5:5 Лео Дурчердин мифи: «Бийиктикке муштум менен жол ач» — деп айтат. А Кудай Сөзүндө болсо мындай айтылган: Теңирдин алдында моюн сунгула, ошондо Ал силерди көтөрөт. Жкп. 4:10 Лео Дурчердин мифи: «Өзүңдү мактай бер. Башкалардын алдында өзүңдү көрсөт. Эгерде көздөгөнүңө жеткен болсоң, анда кандай сонун адам экендигиңди башкалардан жашырба», — деп айтат. Ыйса болсо минтип айткан: Анткени өзүн өзү көтөргөн адам басынтылат, ал эми өзүн басынткан адам көтөрүлөт». Лк. 14:11 Кээде, эреже боюнча ойногондор, чын эле финишке акыркы болуп келишет. Бирок кээде эрежени бузгандар деле артта калып калышат. Дурчер өз карьерасында жогорку лиганын команда менеджери катары үч жолу сыйлыкка татыганы менен, жыйырма бир жолу ийгиликке жетпей калган. Керек болсо бир жолу анын командасы эң акыркы орунда калып кеткен. Бирок кээде Орэл Хершисордукундай талыкпаган эмгек, туруктуулук, чечкиндүүлүк жана жөнөкөйлүк эреже боюнча ойногондордун жеңишке биринчи болуп келишине жардам берет. Жеңишке ушундай чыныгы жол менен жетүү оюнчуга дагы да көбүрөөк канааттанууну белек кылат. Өзүңдүн көзүң жетсин Лео Дурчердин мифинин болбогон нерсе экенине ишениш үчүн төмөнкү тапшырмаларды аткар. Башталыш китебинин 39-бөлүмүнүн 1–6-аяттарын оку. Жусуп Мисирге кул катары сатылып кеткен, бирок буга карабастан ал мисирлик Потифардын үйүндө (акырында жан сакчылардын башчысы болгон Потифардан да жогору кызматка көтөрүлгөн) маанилүү адам болуп калган. Жусуп кандай жол менен ушундай жогорку абалга жетише алган? 2 Шемуел китебинин 1-бөлүмүн 1–12-аяттарын оку. Ал жерде Дөөттүн падыша болуп дайындалуусуна себеп болгон окуялар сүрөттөлгөн. «Жеңүүчү» болуп калышына ал кандай караган? Лука жазган Жакшы Кабардын 14-бөлүмүнүн 7–11-аяттарын оку. Ыйса айткан үлгү-насаат аңгеме өзүнө улуу акыллмандыкты гана эмес, жүйөлүү маанини да камтыйт. Бул аңгемени өз сөзүбүз менен кайра кантип айта алабыз? «Өзүңдү ____________ деп ойлосоң, ____________деп ойлогондон көрө жакшыраак» 33. АЛСЫЗДАР МЕНЕН, ДӨДӨЙЛӨР МЕНЕН ЖАНА ЗӨӨКҮРЛӨР МЕНЕН БИЗ МАМИЛЕ КЫЛБАЙБЫЗ Фарисейлердин мифи Мындайларды Америкадагы ар бир мектептин коридорунан жолуктурса болот. Алсыздар, кир маймылдар, такыр баштар. Сиз жашаган жерге карап (Лос-Анджелесте же Дес Муанеседе), алар башкача аталышы мүмкүн, бирок бул эч нерсени өзгөртпөйт. Сизге ылайык келген жана да ылайык келбеген компаниялар бар. Ылайык келбеген компанияга түшүп калуудан өтө этият болуш керек. Төмөндө келтирилген кээ бир маалыматтар кайсы компанияны ылайыктуу же кайсынысын ылайыксыз деп талкуулап алуу үчүн сиздерге бир топ жардам берет. Алсыздар, дөдөйлөр, аңкоолор жана бир аз жетишпегендер: Булар өзүнө жарашпаган кийимдерди кийип алышат. Көпөлөк-галстукту кайсыл жерде тагыныш керек экендигин билишпейт жана /же жабышкан кыска шым кийип алышат. Аларга чындыгында математика жана табигый илимдер жагат. Такыр баштар, кем акылдар, маданиятсыз аскер сөрөйлөр: Булар аскерлештирилген тип. Куралга аралашат. Кезектеги согушту чыдамсыздык менен күтөт. «Согушка!» жана «Жаңы келгендердин патрулу» деген фильмдерди жадабай кайра-кайра көрө беришет. Кир маймылдар жана машина жиндилери: Алар дайыма машинаны «селки» деп сүйлөшөт, машина жөнүндө сөз болуп жатканда: «Бул селки алтымышты сегиз секундда уруп коет». («Ошондойбу? А бул селкинин капотунун астында 454») (454 — Бул машинада ошончо аттын күчү бар деген. — Котор.эскер.). Кылжыңдар: Типтүү кылжың эң сонун бийлей алат. Оюн боло турган жерде бүт денеси менен ар тарапка айлана алат, бутунун учуна тура коет, эки колуна таянып тик да тура алат, килейген китептин мазмунун жатка билет же компьютер сыяктуу статистикалык маалыматтарды бере алат. Бирок жөнөкөй бир нерселер жөнүндө сурап көрсөң тоокчолук да акылы жок. Албетте, бул тизмени чоңойто берсе болот: эби жоктор, жөн эле жаттап алгычтар, уктатып кете тургандар, (жалганчылар) наркомандар. Булардын кээ бири менен чогуу жүрсөң болот, бирок кээ бирлери менен мүрзөдө да жанаша жатпаш керек! «Казанга жакын болсоң, карасы жугат» дегендей, эгерде дөдөй менен достошсоң, анын «дөдөйлүгү» сага да жугуп калышы мүмкүн. Же кээ бирлери сени да ошолорго окшото баштайт. Сен буга жол койбойсуң да, чынбы? Ушундай маселеге Ыйса да туш болгон. Ал раввин болгон. Ал эми раввиндер болсо кайсы бир топтогу адамдар менен гана мамиле кыла алган: негизинен раввиндер менен жана «өзгөчө такыбаа» адамдар менен мамилелешкен. Фарисейлер өтө кылдаттык менен иштеп чыккан катуу талаптар бар эле. Ал талаптардын негизинде кээ бир адамдар ылайык келген компания деп эсептелсе, кээ бирлери такыр ылайык келбеген компания деп эсептелинчү. Бирок Ыйса фарисейлердин бул эрежелерин жокко чыгарган. Ал так ошол ылайык келбеген компания менен мамиле кылчу. Салык жыйноочулар менен жеп ичкен. Пес оорулууларга колун тийгизген. Самариялык аял менен сүйлөшкөн (а буга болсо эки эселеп тыюу салынган болчу). Жыйынтыгында Ыйса шылдыңга калган жана сынга алынган. Ал фарисейлердин мифин тоготуп да койгон эмес, ошол үчүн Ал жөнүндө: «шарап ичкенди жакшы көргөн адам, салыкчылар менен күнөөкөрлөрдүн досу» деген сөздү таратышкан (Лк.7:34). Бирок бул шылдыңдоолорго Ыйса көңүл да бурган эмес. Акыр аягында Ага чын жүрөктөн берилген достору мына ошол ылайык келбеген компаниядан чыгып жатпайбы. Баары жек көргөн салык жыйноочу Матай Анын он эки шакиртинин бири болуп калган. Ыйса тарабынан айыктырылган жакыр жана сокур адам фарисейлердин алдында Ыйса жөнүндө баатырдык менен күбөлөндүргөн. Ыйсаны айкаш жыгачка кадашканда Аны менен саналуу гана адамдар калган. Ыйса ичинен жети жинди кууп чыгарган магдалалык Мариям да ошол адамдардын арасында болгон. Ким билет? Силер да, балким, мектебиңердеги алсыздардын, такыр баштардын, кир маймылдардын арасынан досуңарды жолуктуруп калаттырсынар. Албетте, бул үчүн бир нерсеңизди курмандык кылышыңызга туура келет. Бирок мунун арты менен сиз андан көбүрөөк нерсеге ээ болоруңуз анык. Анткени Ыйса сизге айтып жатпайбы: …Мен силерди досторум дедим <…> Силер Мени тандаган жоксуңар, Мен силерди тандап алдым. Барып, жемиш берсин деп, жемишиңер туруктуу болсун деп, силерди дайындадым. Ошондо Атамдан Менин ысымым урматына эмне сурасаңар да, Ал силерге берет. Силерге бере турган осуятым бул: бири-бириңерди сүйгүлө. Жкн.15:15–17 Өзүңдүн көзүң жетсин Фарисейлердин мифинин жалган экенине ишениш үчүн, төмөнкү тапшырмаларды аткар. Жакшы Кабар китептеринде Ыйса түшкү тамак убагында жана майрам күндөрүндө чыдамсыздык менен күтүлгөн мейман катары сүрөттөлгөн. Төмөндөгү үзүндүлөрдү оку жана Ал кимдерди досум деп эсептегенине көңүл бур. Мт.9:9–13 ________________________________________ Мк.14:3 __________________________________________ Лк.7:36 ___________________________________________ Лука жазган Жакшы Кабардын 19-бөлүмүнүн 1–10аяттарын оку. Ыйса «салык жыйноочулар» жана «күнөөкөрлөрдөн» качпаганы менен Ал Өзүн алардай туткан эмес. Ыйса менен Закайдын таанышкан учурун сен билесиң да, кандай деп ойлойсуң, бул окуяда ким кимге таасир эткен? Бул окуядан сен өзүңө кандай сабак алдың? 34. ЭРКЕК БАЛДАР ОҢОЛБОЙТ Чыныгы эркектер жөнүндө миф Жогорку класстарда окуган эркек балдардын чечинүүчү жайында сүйлөнүүчү сөздөр алардын энелеринин кулагына жетип калышын көпчүлүк каалай бербесе керек. Джок сага сүлгүнү ыргытып жатып: «Эй Ден, жума күнү кечинде Андреа менен жолугушууң кандай өттү?» — дейт. А сенин жаныңда турган жигит чыканагы менен түртүп: «Пайдаланып калдыңбы?» — деп сурайт. Дагы экинчиси: «Ал кандай экен, ысык бекен?» — деп тийишип сурайт. «Эрте мененки чайды төшөгүңө алып келдиби?» Анан катуу каткырыктар, уятсыз жоруктар, кылжыңдаган кыйкырыктар жана «кана-кана» же «керемет селки!», же «бол, жаным, бол» деген жапайы кыйкырыктар угулат. Көпчүлүк балдарга мындай окуялар тааныш. Керек болсо сен классташтарыңдын айтканына кошулбасаң да, алардын суроолоруна оң жооп бербесең да, «көздөгөнүңө жеткендей», сен «муну кылгандай», секс менен алектенип көргөндөй түр көрсөтүшүңө туура келет. А эгерде мындай кылбасаң, анда сени менен сүйлөшпөй коюшат. Анткени секс — өнүгүүнүн бир баскычы. Бирөө менен жатып турмайынча сени эч ким чыныгы эркек деп эсептебейт. Бул миф. Шайтандын жалганы. «Эмне үчүн күтүш керек?», «Чыныгы эркек болуу үчүн секс менен алектенүүнүн кандай тиешеси бар? Керек болсо он эки жаштагы өспүрүм секс менен алектенип көрүптүр!» деген темалар астында улуттук иш-чара (жүрүш) өткөргөн учурда, мен бул тууралуу миңдеген жаштарга айтканмын. Анан сөзүмдү улантып: « Бирок „жок” деп айта алыш үчүн, чындыгында, „эрдик” керек» деп айттым. Анан: «Түптүз туруп, чын жүрөк менен: «Мени укчу, мен азыр сексуалдык мамиле түзгүм келбейт», — деп айта алыш үчүн чыныгы баатырдык керек», — деп сөзүмдү уланттым. Кыздык белги — бул сыймыктана турган нерсе!» Сексуалдык мамилени баштоо оңой эле нерсе. Бул үчүн жетилген адам болуунун жана күчтүү мүнөзгө ээ болуунун кереги деле жок. А көпчүлүктүн каалоосуна каршы чыгуу, агымга каршы сүзүү — чындыгында кыйын иш. Күчтүү мүнөз, эрдик жана күч мына каерге керек экен. Бул окуя, балким, сизге тааныш эместир, бирок Ыйык Китепте ар кимибиз билишибиз керек болгон сексуалдык азгыруулар жана күнөөлөр жөнүндө айтылган. Ал окуялардын бири Жусуп менен болгон окуя болчу. Жусуп Потипар деген мисирдик падышанын сарай кызматчысынын колунда иштечү. Ыйык Китепте бардыгы ачык жазылган: …Жусуп болсо келишимдүү, сулуу жигит эле. Мырзасынын аялынын Жусупка көзү түшүп, ага: «Мени менен жат», — деди. Башт.39:6,7 Жусуп мырзасынын аялынын айтканына унчукпай көнүп берсе болмок. Анан эркектердин чечинүүчү жайында өзүнүн жеңиши менен мактанып, керилип ары-бери басып жүрө алмак! Анткени «чыныгы эркек» экенин далилдей ала турган шанс түзүлгөн эле. Бирок Ыйык Китепте — «ал баш тартты» деп жазылып турат. Бир жолу эмес, чындыгында, бир канча жолу. Кожоюнунун аялына ойнош болуудан баш тартуу анын эркиндигин алып койду — аны зынданга салып коюшту. Бирок Жусуп күчтүү мүнөзүн да, эрдигин да, баатырдыгын да жоготкон жок. Анткени Жусуп чыныгы эркек болчу. Чыныгы эркек гана эркектер чечинүүчү жайындагы «коомдук ойдун» тассирине туруштук бере алат. Чыныгы эркек гана өз күчүн чогултуп, өз принциптери боюнча жашай алат. Чыныгы эркек гана көпчүлүккө каршы чыга алат. Чыныгы эркек гана «жок» деп айта алат. Өзүңдүн көзүң жетсин Чыныгы эркек жөнүндөгү мифтин болбогон сөз экендигине ишениш үчүн төмөнкү тапшырмаларды аткар. Башталыш китебинин 39-бөлүмүнүн 1–9-аяттарын оку. Жусупта Потипардын аялы менен жатуу мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок аялдын сунушуна Жусуптун жообу кандай болду (8-аят)? Ал өзүнүн баш тартуусунун эки себебин көрсөтүп жатат (8, 9-аяттар). Алар кандай себептер эле? Ушул эле бөлүмдүн 11–23-аяттарын оку. Жусуп Потипардын аялы экөө жалгыз калганда, аял аны дагы азгыра баштады, ошондо Жусуп эмне кылды (12-аят)? Кылган жакшылыгы үчүн Жусуп жазаланды, бирок Кудайга каршы күнөө кылуудан баш тарткандыгы үчүн ал кандай батага ээ болду (20–23-аяттар)? 35. ЖЕРДИН ТҮРКҮГҮ ЖАНА ААЛАМДЫН БОРБОРУ Өзүмчүлдөрдүн мифи «Укчу мени, эй пайдасы жок! Сенин кантип кылаарың мени кызыктырбайт, бирок бул таблицалар жана маалыматтар менин столумда болушу керек! Тез!» Рейчел Таунсенд тарс эткире телефонду коюп, катчы кызын кыйкыра чакырып калды. Офистеги кымбат баалуу эмеректер жана каралжын жыгач менен капталган дубалдар бул жердин кожойкесинин маанилүү кызмат ордунан кабар берип турду. Столдун чет жагында жаткан «Кантип бардык нерседе биринчи болуу керек?» деген китеп да бул аялдын каалоосунан маалымат бергенсийт. Башкалардын кызыкчылыгы менен эсептешпеген, башкаларды эч аябаган жана максатына тик умтулган мүнөзү менен Рейчел өз компаниясында тез эле карьерага ээ болду. Өзүнүн көздөгөн кызмат ордуна ээ болуш үчүн ал башкалардын башынан да аттап кетер эле. Ал жалган жөнөкөйлүктөн азап тартчу эмес, тескерисинче өзүнүн маанилүүлүгүн сезүү ага чыныгы ырахатты тартуулоочу. Кабинетке катчы кыз кирери менен ага буйруктарды жаадыра баштады. «Мага дароо тиги мээси жок Паттерсонду алып келтир. Эллисонго айтып кой, кимдин ишин кылып атса дагы баарын таштап, менин отчетторумдун үстүнөн иштесин…» Ал сүйлөп жатып токтой калды. Буга катчы кыздын көз карашы себеп болду. «Сиздин кызыңыз… — деди катчы кыз. — Аны караган аял телефон чалды. Даниел балдар ойногон аянттан жоголуп калыптыр». Рейчел телефонду ала койду. Өтө шашылыш суроолор менен кайрыла турган аппаратка кыйкырып калды. Анан телефонду кое салып, катчы кызына ырылдады: «Жердин түбүнө түшүп кеткен болсо да, мага мурунку күйөөмдү таап кел. Ал УШУЛ МҮНӨТТӨ аны караган аялга жөнөсүн, ага айтып кой». Рейчел учуп чыгып, өз «БМВ»сына отуруп, шаардын көчөлөрүндө согуп баратты. Сигнал чала берди, газды баса берди, жин тийген кишидей өңгүл-дөңгүл айдаган бойдон кызын караган аялдын үйүн көздөй жөнөдү. «Ага бир нерсе боло турган болсо, өзүмдү өлтүрөм». Светофор кызыл жанып турганда өтүп кетти. «Эгерде мен аны таппасамчы? Мага жардам керек». Тормоз бербестен, чоң ылдамдык менен машина бурчтан бурулду. «Ким мага жардам бере алат? — Бул ой аны коркутту. Ким мага жардам берет?» Өзүн дайыма ааламдын борбору деп эсептегендиктен анын эч кими калбагандыгын Рейчел эми түшүндү, ага ким жардам бере алмак, эч ким, эми кимге жардам сурап кайрыла алат. «Мен эч качан эч кимге муктаж болбойм деп ойлочумун. Башка адамдарды тоготпой мамиле кылчумун. Жалгыз маанилүү адам — мен гана болгонсуп». Рейчел барчу жерине жетип калган эле. Ал жүрүшүн акырындатып, төрт кесилишке кирип баратты. Анан эми тормоз берейин деп жатып, постто турган күзөтчүнү көрүп калды. Вулкандан чачырап жаткан от сыяктуу Рейчелдин ачуусу кайнап турган чагы эле. Жөө жүргүнчүлөр өтө турган жерде соройуп тура берчү посттогу күзөтчүнү тааныды. Ал бул кесилиште көп жылдардан бери турчу, машиналардын кыймылын жөнгө салып, окуучуларга жөө жүргүнчүлөр өтчү жерде жардамдашчу. Анын келбети Рейчелге карылыгы жеткендей көрүнчү жана тоготчу эмес. Эми болсо минтип ошол күзөтчү Рейчелди кесип тормоз бергенге жана алтындай убакытын текке кетиришине себеп болуп отурат. Аны эми каргаганы калганда анын колундагы өз кызы Даниелди көрө калды! Рейчел эшикти ачып, шашкан бойдон аксакал тарапка чуркады. Жылмайып турган үч жашар кызын анын колунан жулуп алды жана кызын ыраазычылыкка толгон кучагы менен бекем кучактай калды. Ири компаниянын аткаруучу директору Рейчел бир заматта өзүн кичинекей жана алсыз сезе түштү. Ал эми аксакал болсо, күтүүсүздөн маанилүү адам боло түштү. Рейчел Таунсенд өзүмчүл эле, өзүн дүйнөнүн борбору катары эсептегендердин бири болчу. Ар бир өзүмчүл өзүн башкалардан жогору коет жана алар: «Бардык нерсе жөнүндө унутуш керек. Жашоомдо мага керек болгон нерсеге гана ээ болсом болду, ошондо бактылуу болом» — деп ойлошот. Бирок бул миф. Бул принцип боюнча жашаган адамдар, албетте, качандыр-бир мезгилде байлыкка жана бийликке ээ болушат, бирок алар жалгыздыктан жана көңүл калуудан качып кутула алышпайт. Биздин ар бирибиз, керек болсо, кичинекей бөбөк дагы Кудайдын көз алдында абдан кымбат экендигин Ыйса бизге үйрөткөн. Сиздин айланаңыздагы адамдардын кымбат экендигин түшүнүү менен сиз дагы да бактылуураак болосуз. Мындай кабыл алуу сиздин бакытыңызды кемитип койбойт. «Жакыныңды өзүңдү-өзүң сүйгөндөй сүй» деген осуятты Ыйса кайра-кайра кайталап айткан. Өзүңдү сүйгөндөн кем да эмес, өзүңдөн сүйгөндөн жогору да эмес: «Жакыныңды өзүңдү-өзүң сүйгөндөй сүй», — деп айткан. Акын Джон Донндун сөздөрү да буга чакыргансыйт: Ооба, адам деген арал эмес, Материктин бөлүгү. Түшүнүү да оңой эмес, Кудайымдын колдорун. Бизди катуу түртүп салды Жашоонун айлампасына, Ар бир жаңы өлүм сайын Өлөт сенин бөлүгүң. А эгерде көргө коюу Коңгуроосу чалганда, Кайгырганча ойлонуп көр — Чакырган жокпу сени да? Кудай сени дүйнөнүн борбору кылып жараткан жок. Бирок Ал сенин жашооңдун борборунда болгусу келет. Өзүңдүн көзүң жетсин Өзүмчүлдөр жөнүндөгү мифтин жалган экендигине ишениш үчүн, төмөнкү тапшырмаларды аткар. Ыйык Жазуудан алынган ар бир үзүндүдө кайсы бир өзүмчүл жөнүндө айтылат. Ар бир үзүндүнү оку жана эки суроого жооп бер: кайсы өзүмчүл жөнүндө сөз болуп жатат? Ага эмне болду? 2 Шем.15: 1–12; 18:17 ______________________________ 1 Пад. 1:5, 6, 42–53 ________________________________ Ыш. 14:3, 4, 12–15 _________________________________ Мт. 20:20–28 ______________________________________ 36. СУЛУУ ЭМЕС, ЖЕЛМОГУЗ Сыртынан сулуу көрүнгөндөр жөнүндө миф Фотомоделдикиндей сырткы сулуулугу Кетринге «Вог» жана «Мадемаузель» журналдарынын беттеринде өз сулуулугу менен мактана алышына мүмкүнчүлүк берди. Анын келишкен келбети кечки кара көйнөк үчүн гана жаратылгандай эле. Ал өзүнүн элеганттуулугу жана жарк эткен сулуулугу менен өзгөчө бай адамдардын көркөм кечесин көркүнө чыгара алмак. Анда ага жер төлөдө эмне бар? «Сулуу жана желмогуз» деген популярдуу телесериалдын каарманы Кэтрин (Линда Гамильтон) Винсенттин жер төлөсүнө (чындыгында, ал иштетилбей ташталган туннель метро болчу) келип турар эле. Винсент жарым адам — жарым желмогуз болчу. Анын ролун ойногон актердун аты — Рон Перлманн. Мейли муну эски окуянын жаңыча өзгөртүлүшү деп коелу. Ошондо да бир суроо мага тынчтык бербей жатат: «Ушундай сулуу айымга ал жерде эмне бар?» Канча карасаң сулуулугуна тойбой турган кара чачтуу бул сулуу түрү суук, анысы аз келгенсип жер төлөдө жашаган жигитти сүйүп калат. Мындай болушу мүмкүн эмес! Мейли, бул окуя кино үчүн түзүлгөн болсун. Винсент Кэтринге сырткы көрүнүшү менен эмес, башка нерсеси менен жагар эле. Аны боорукердиги үчүн, таза жүрөгү үчүн сүйчү… жана балким укмуштуудай үнү үчүндүр. Мындай окуялар бизге абдан жагат, анткени мындай сүйүүнү ар кайсы жерден эле жолуктура албайсың. Анткени биздин көпчүлүгүбүз сырткы сулуулук жөнүндөгү мифке алданып жүрөбүз. Биздин жашообуздагы бардык нерсе биздин сырткы көрүнүшүбүздөн көз каранды деп ишене баштайбыз. Эгерде кыз Эль Макферсонго окшобосо же жигит Патрик Суэйзидей көрүнбөсө, анда алар сулуу эмес деп ойлойбуз. Бирок бул миф. Телевизордогу берүүлөр, журналдар, кино жана видеофильмдер аркылуу дайыма сулуулуктун даяр образдарын көрүп келебиз, алар бизди эмне сулуу, эмне сулуу эмес деген элестетүүлөргө байлап салат. Андан сырткары массалык маалымат каражаттары сулуулук бакытты жаратат деп ишендиргенге абдан аракет кылат. Эсиңерде болсун, машайакчы адам сөзсүз эле түрү суук болууга милдеттүү эмес. «Джордаш» джинсысын жана «Мейбеллин» косметикасын реклама кылган сулуу кыз-жигиттердей болушубуздун кереги жок. Сулуулук деген сөз — эң сонун келбет, машыктырылган булчуңдар, көгүлтүр көздөр деген нерселерге караганда, өзүнө көп маанини камтыйт. Көбүнчө адамдын сулуулугу анын руханий сапаттарынан жана мүнөзүнөн көз каранды. Кудай Дөөттү падышалыкка анын сырткы сулуулугу жана күчтүүлүгү үчүн тандап алган эмес. Ал минтип айткан: Мен адам карагандай карабайм, анткени адам өңүнө карайт, ал эми Теңир жүрөгүнө карайт», — деди. 1 Шем.16:7 Чындыгында, биздин жашообуз көп учурда сулуулукту бата деп көрсөтөт. Бирок сулуулук бата эмес. Айтканыма ишенбешиңиз мүмкүн, бирок кээде сулуулук желмогузга айлана түшөт, кыздардын депрессияга түшүшүнө, жаштардын өзүн-өзү баалоо сезимин жоготушуна себеп болот. «Сулуу» болгондугуна карабай өзүн жалгыз, корголбогон жана керексиз сезген көптөгөн адамдар бар. Эгерде бакыт сиздин чачыңыздын түсүнөн жана кийген кийимиңизден көз каранды деп ойлосоңуз, анда кайсы бир күнү көңүл калууга дуушар болоруңуз анык. Албетте, сиздин эмне кийгениңиз да мааниге ээ, бирок күзгүнүн алдында өзүңүздү караганда күзгү чагылдырган нерсени гана эмес, өзүңүздөн андан да тереңирээк нерсени көрө билүүнү үйрөнүңүз. Эгер алдыңызда турган адам сизге жакса, анда сизге сиз көрө албаган нерсеге караганда, көзүңүз көргөн сырткы көрүнүшүңүз гана маанилүү болуп жүрбөсүн. Өзүңдүн көзүң жетсин Сыртынан сулуу көрүнгөндөр жөнүндө мифтин жалган экендигине ишениш үчүн төмөнкү тапшырмаларды аткар. Бактылуу болуунун жолдору жөнүндө Ыйык Жазууда көп жолу айтылган. Төмөндөгү үзүндүлөрдү оку жана адамга эмне бакыт бере ала турганын көчүрүп ал. Аларды өзгөчө бөлүнгөн сапка жазып ал. Анан бул үзүндүлөрдө бакыт сырткы сулуулуктан көз каранды деп айтылган жери бар болсо, аны атайын белги менен белгилеп кой. [ ] Заб.143:15 ___________________________________ [ ] Заб.31:1 _____________________________________ [ ] Нак.сөз 3:13 _________________________________ [ ] Нак.сөз 14:21 ________________________________ [ ] Нак.сөз 16:20 ________________________________ [ ] Лк.11:28 _____________________________________ [ ] Жкп. 1:12 ___________________________________ [ ] 1 Пет. 3:14 ___________________________________ 37. БАШКАЛАР КАНДАЙ БОЛСО, МЕН ДА ОШОНДОЙМУН Көпчүлүк кандай кылса, ошондой кылуу керек деген миф. «Апаке, өзүңүз ойлоп көрүңүзчү, — жалынган үн менен сүйлөдү Андреа. — Биз наша же дагы башка нерселер менен ойнобойбуз. Бул жөн эле көңүл ачыш үчүн болгон кечки чогулуш го». «Бреддин үйүнө болобу, же башкасынын үйүнө болобу — чоңдордон эч ким болбосо, эч кандай көңүл ачыш үчүн болгон кечки чогулушка барбайсың». «Кантип мага ушундай мамиле кылып жатасың, апа. Мен буга ишене албай турам, — деди Андреа. Ал жерде биздин тааныштарыбыздын баары чогулат. Бир гана мен үйдө калам, анткени менин апам бул көңүл ачыш үчүн болгон кечки чогулуш жаш кыздарга туура келбейт деп эсептейт». Дем алыш күндөр бүткүчө Андреа апасы менен сүйлөшпөй койду. «Биздин күндөрдө баары эле мындай көңүл ачыш үчүн болгон кечки чогулуштарга барат, — деп тултуңдады ал. — Мындай диний көз караштардын баары — мурунку заманда бар болчу. Атам экөөңүздүн заманыңыздардан бери көп нерсе өзгөрүп кеткен». Бирок дүйшөмбү күнү эрте менен Джулия да Бреддин үйүндөгү көңүл ачыш үчүн болгон кечки чогулушка барбаганын билип таң калды. «Менин ата-энем андай кечки чогулуштарга барууга мага такыр уруксат бербейт, — деди Джулия. – Ал жерге Синди да барбаптыр». Ата-энеси жок мезгилде өткөргөн Бреддин көңүл ачыш үчүн болгон кечки чогулушуна бардык тааныштарын барат деп ойлогон эле Андреа. Албетте, ал азыр да апасына ачууланып жатты, бирок апасы аны жибербей койгон ошол күндөгүгө караганда өзүн жакшы сезип калды. Андреа «Бардыгы ушундай кылып жатса, демек, мен да кылсам боло берет» деген таанымал позицияны колдогондордон эле. Бирок бул миф. Муну баары эле кыла беришпейт. Кээде, албетте, тескерисинче болгондой сезилет, бирок тезирээк байкай алган жигит же кыз эртеби-кечпи «муну» көп адамдар кылбай турганын түшүнөт. Бардыгы эле никеге чейинки жыныстык байланышка бара бербейт. Мендеги маалыматтар боюнча, машайакчылардын үй-бүлөсүндө тарбияланган балдардын 50 % дан көбүрөөгү «муну» кылышпайт. Бул таасирдүү сан. Бардыгы эле тамеки чеге бербейт. Кээ бир изилдөөлөр көрсөткөндөй бүгүнкү күндө жаштардын 80% га жакыны тамеки чекпейт. Бардыгы эле ичимдик иче бербейт. Жогорку класстарда окугандардын 30 %га жакыны ичимдик ичпей турганын, ал эми 10%ы болсо эч качан ичип көрбөгөнүн көптөгөн изилдөөлөр далилдеди. Бардыгы эле наша чеге бербейт. Мичиган университетиндеги социалдык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы боюнча өспүрүмдөр арасында наша чегүүнүн көлөмү бир кыйла төмөндөгөн. Америкалык жаштардын 40 % дан көбү мыйзамга каршы колдонулган нашадан баш тартышты. Бардыгы эле ишенимин жогото бербейт, же көпчүлүк айтып жүргөндөй, «ишенимден аттап» кетишкен жок. Эки миң өспүрүм катышкан изилдөөдө изилдөө жүргүзүлгөн өспүрүмдөрдүн 60% га жакыны динди өзүнүн жашоосунун маанилүү бөлүгү катары эсептешет. Өзүнүн досторун жана теңтуштарын зордоп бир нерсе кылдырганда жана башкалардай кылганга мажбурлоодо, өспүрүмдөр көбүнчө «муну баары эле кылат» деген жалганды колдонушат. Менин оюмча, «муну» башкалар кылат деген мифке ишенүү — жарабаган нерсе. Бул мындай эмес. Көпчүлүк өспүрүмдөр мындай жалганга «жок» деп айтканды билишет. Ошону менен бирге алар барган сайын муну көбүрөөк ишке ашырып жатышат. Өзүңдүн көзүң жетсин «Муну» баары эле кылышат, көпчүлүк кандай кылса, ошондой кылуу керек деген мифтин жалган экендигине ишениш үчүн төмөнкү тапшырмаларды аткар. Төмөндө келтирилген саптарга «муну» кылбаган өспүрүмдөрдүн атын жаз (эң маанилүү ат — өзүңдүн атыңды жазуудан уялба!). Никеге чейинки жыныстык байланышка барбаган 30–40 % дын арасында төмөнкүлөр бар: ________________________________________________________________ ________________________________________________________________ Тамеки чекпеген 80% дын арасында: ________________________________________________________________ ________________________________________________________________ Ичимдик ичпеген 30% дын арасында: ________________________________________________________________ ________________________________________________________________ Мыйзамга каршы наша колдонуудан баш тарткан 40% дын арасында: ________________________________________________________________ ________________________________________________________________ Ишенимди жашоосунун маанилүү бөлүгү деп эсептеген 60%дын арасында: ________________________________________________________________ ________________________________________________________________ 38. СЕКС — БУЛ ЖАМАН СӨЗ ЭМЕС Пуритандардын мифи «Алтынчы күнү кечинде» телесериалындагы каарман Дан Карвейдин, жыйында жүргөн айымдын популярдуулугунун себептеринин бири — анын машайакчылык жөнүндөгү жөнөкөй адамдардын ой жүгүртүүлөрүн чагылдыргандыгында. Бул аялдын такыбаасынганы, эки жүздүү жүрүм-туруму, кызыл ашыгына чейин чубалтып кара көйнөк кийгени жана башындагы ороосу машайакчылардын секске уят жана жийиркеничтүү көз менен караганынан кабар берет. Көпчүлүк адамдар Ыйсаны ээрчигендерди сексти жана сексуалдуулукту соттогон Кудайга ишенишет деп ойлошот. Бул миф. Секс — бул жаман сөз эмес. Бул уят, уяткара турган же адепсиз сөз эмес. Кудай секске каршы, Ал аны жек көрөт деп айтууга такыр болбойт. Ал Өзү аны жаратпадыбы! Ал бардык нерсенин башталышы. Кудай дүйнөнү кантип жараткандыгы тууралуу Башталыш китебинде төмөнкүдөй сөздөр бар: …Ошентип, Кудай Өз бейнеси боюнча адам жаратты, аны Кудайдын бейнеси боюнча жаратты. Аларды эркек-аял кылып жаратты. Башт.1:27 Ал эркек менен аялды өздөрүнө таандык жыныстык белгилери менен кошо жаратты, аларга сексуалдуулукту жана табигый сезимдерди энчи кылып берди. Анан ал Ыйык Китепте айтылгандай Өзүнүн сексуалдуу кылып жараткан жаратуусуна карады, …Кудай Өзү эмнени жаратса, ошонун бардыгы абдан жакшы экенин көрдү. Башт. 1:31 Дүйнөнү жаратуунун эң башында эле секс Кудайдын планында бар болчу. Ал эркек менен аялга: «Укумдап тукумдагыла, жер жүзүн толтургула» деп айтканда, албетте, бул үчүн сексуалдык мамиле боло тургандыгын кошо айткан да. Ыйык Китепте сексуалдык мамиле жөнүндө ачык айткан бир канча сүрөттөөлөр бар. Сүйүү жөнүндөгү поэма катары жазылган Сулаймандын Ырдын ыры китебинин тили жыйынга барып жүргөн айымды таң калтырбай койбойт. Апостол Пабыл Корунт шаарындагы жыйындын түгөйлөрүнө сексуалдык мамилеге байланышкан абдан маанилүү кеңештерди берген. Бирок Ыйык Китепте сексуалдык мамиле күйөө менен аялдын гана ортосундагы ырахат үчүн жаратылгандыгы айтылганын эсибизден чыгарбашыбыз керек. Никеңер адал болсун, нике төшөгүңөр булганбасын. Бузулгандар менен нике бузгандарды болсо Кудай соттойт. Эвр. 13:4 Кудай сексти жаратты; бирок адамдар аны нике союзунун рамкасынан сыртка алып чыкты жана аны булгап салды. Кудай сексти эркек менен аял бири-бирине толугу менен кошулуп кетиши үчүн, сексуалдык мамиледен ырахат алышы үчүн жана мындан кубаныч жана канааттануу алышы үчүн жараткан эле; бирок адам Кудайдан алган белегин жийиркеничтүү кылып салды. Кудай «Ойноштук кылба», «моралга туура келбеген жыныстык мамилеге барбагыла» деп айтканда, Ал сиздин кубанычыңызды өлтүргүсү келген таш боор Кудай болгондуктан эмес, Ал жалгыз сүйүү гана бере алган кубанычты сүйгөн Кудай болгондуктан ошентип айтты. Кудай сизди шектенүүдөн жана ишенимсиздиктен сактагысы келет, толук кандуу сүйүүнүн, никенин жана сексуалдык өз ара мамиленин эң маанилүү шарты болгон ишенимдүүлүктү бергиси келет. Ал бизди жыныстык жолдор аркылуу жуга турган оорулардын коркунучунан сактагысы келет жана келечекте никеге тургандагы сексуалдык жашообузга ишенимдүүлүк жана тынчтык бергиси келет. Үй-бүлө курганга чейинки кылган сексуалдык мамилелердин айынан көпчүлүк никелер кыйроого учурайт. Үй-бүлөдө ошонун айынан уруш-талаштар көбөйүп, ажырашууларга түрткү болот. Кудай бизди ушундай проблемалардан сактап калгысы келет. Мына ошентип, Ал адамдын нике кечесинде сүйгөнүнө тартуу кыла ала турган сүйүүнүн абдан улуу белеги болгон кыздык белгибизди сактап калгысы келет. Өзүңдүн көзүң жетсин Пуритандардын мифинин жалган экендигине ишениш үчүн төмөнкү тапшырмаларды аткар. Сулаймандын Накыл Сөздөр китебинин 5-бөлүмүнүн 1–23-аяттарын оку. Акылмандын мыйзамга каршы секс менен никедеги секстин ортосундагы айырмачылыктарын аныктаганына көңүл бур. Өзгөчө аял менен күйөөнүн ортосундагы өз ара сексуалдык мамилени сүрөттөгөн 18 — жана 19- аяттарды белгиле. Сулаймандын Ырдын Ыры китебиндеги толкунданткан ыр саптарын оку (3–5-бөлүмдөр). Бул сүйүү поэзиясында (сексуалдык гана эмес) Кудайдын эркекке аялы аркылуу берген, аялга болсо күйөөсү аркылуу берген сезимдик ырахатты сүрөттөйт. 39. БУТ КИЙИМДЕР, КЕМЕЛЕР, КРАБДАР ЖАНА БАШКАЛАР ЖӨНҮНДӨ Анархисттердин мифи Герман деген краб зуулдаган бойдон деңиз түбүндөгү үй-бүлөлүк таштын астына кирип барды. Атасына: «Мен эркин болгум келет деп кыйкырды, — сен кантип ушул акмактык катуу кабырчыкты суткасына жыйырма төрт саат көтөрүп жүрүүгө мени мажбур кылып жатканыңды түшүнбөйм! Ал мени кыймылдатпай койду го! Ал мени сулуулугумдан ажыратты. Менин досторумдун кээ бирлери катуу кабырчыктарга каршы протест өткөрөбүз деп жатышат, мен да аларга кошулгум келип турат!» Анын атасы краб Фред терең үшкүрүнө өзүнүн оор кыпчуурун уулу Германдын желкесине койду (крабдардын желкеси бар, желкесинин кайдан бүтүп, белдин кайдан башталарын башка крабдын жардамы менен гана билүүгө болот). Герман көзүн акшырайтып атасына карады. «Уулум, — деди Фред, — сага бир окуяны айтып беришиме уруксат эт». «Ата, мага ар нерсени эле айта бергениңди токтотчу…» «Бул окуя мектепке жылаңаяк барам деп туруп алган Хамфри деген менен болгон. Ал бут кийими анын кыймылын уятка калтырып жатканын айтып даттанчу. Анан да ал бут кийимдер аны сулуулугунан да ажыратып койгон имиш. Ал ошол бут кийимдерден ушунчалык кутулгусу келди, гүлдөрдүн жана чөптөрдүн үстүнөн, талааларда жана сууларда жылаңаяк чуркоону каалаптыр. Ал кашайып туруп алгандыктан, акыры апасы ага уруксат берди. Ал үйүнөн ок сыяктуу учуп чыкты — анан андан ары эмне болгонун билесиңби?» Герман оозун ачып жооп бергени калды эле, бирок атасы жооп бергенге мүмкүнчүлүк бербестен аңгемесин улантты. «Ошол Хамфри деген лимонаддын бөтөлкөсүнүн сыныктарын тебелеп алып, таманы жыйырма жеринен кесилип кетиптир, аны байлап коюуга туура келди. Ал эми анын сүйгөн кызы бүтүрүү кечесине башка жигит менен кетип калган». «Чын эле жаман окуя экен, ата». «Балким ошондойдур, уулум, бирок эртеби-кечпи ар бир краб эгерде катуу кабырчыктан кутулсам жашоо мындан жакшыраак болобу деп ойлой баштайт. Бирок бул ой деңизден чарчаган деңизчи анын эркиндигин чектеген кемеден кутулгусу келип, өзүн толкундарга ыргытканы менен барабар. Ал муну эркиндик деп ойлошу мүмкүн, бирок кемеге кайтып келбесе, же жээкке чейин сүзүп жете албаса, анда чөгүп кетет — мындан ага кайдагы эркиндик?» Герман атасынын сөздөрү жөнүндө ойлоно баштады. «Жакында сен өзүңдүн катуу кабырчыктарыңды таштайсың, уулум», — деди ал, бул жөнүндө эртерээк айтып коюу канчалык оор экендигин ойлоно. Кичинекей краб таң калгандай көрүндү. «Ооба, ооба жаңылыш уккан жоксуң, — уулунун көзүнөн окуган суроосуна жооп берди атасы Фред. Бардык крабдар чоңойгондо катуу кабырчыктарын ташташат. Бирок катуу кабырчыктарың түшкөн учурда сен жашооңдо эч болуп көрбөгөндөй ызаланма болуп каласың, — деди эскерткен үн менен. Сенин жаңы кабырчыктарың бекем болуп калганга чейин, — уулунун жонун сактап турган катуу кабырчыкты черткилегенче сүйлөдү, — кадимки күндөгүгө караганда этият жана сак болушуң керек болот. Бул катуу кабырчыктарсыз сен өзүңдү эркинирээк сезесиң». «Ата, мунун бардыгы абдан таң калыштуу, — деди Герман. — Бул жөнүндө эч качан ойлонбоптурмун. Кээде биздин эркиндигибизди чектеп койгондой көрүнгөн нерселер, чындыгында, биздин мүмкүн болушунча эркин болуубузга жол ачат турбайбы. Мен сени туура түшүндүмбү?» Атасы Фред өзүнүн чоң кыпчуурун Германдын жонуна койду, анан алар биргеликте үй-бүлөлүк таштан ылдый карай түшүштү. «Эмне үчүн сен ушунчалык акылдуусуң, уулум?» — сурады ал. Өзүңдүн көзүң жетсин Анархисттердин мифинин жалган экендигине ишениш үчүн, төмөнкү тапшырмаларды аткар. Көптөгөн адамдар Он осуят жана Ыйсанын окутуулары адамдын эркиндигин чектеп жана кишендеп коет деп ойлошот. Бирок чындыгында ал осуяттар аны аткаргандарга чыныгы эркиндикти тартуулайт. Чыгуу китебинин 20-бөлүмүнүн 1–17-аяттарын оку. Бул осуяттарды аткаруу кандай эркиндикти бере алат? (Мисалы, алтынчы осуятты аткаруу сени жыныстык жолдор аркылуу жуга турган оорулардан сактап калат.) Өзүңдүн жоопторуңду жаз: ________________________________________________________________ ________________________________________________________________ ________________________________________________________________ Матай жазган Жакшы Кабардын 5-бөлүмүнүн 1–12-аяттарын оку. Бул аяттарда айтылган Ыйсанын осуяттарын аткаруу сага кандай эркиндикти бере алат? ________________________________________________________________ ________________________________________________________________ ________________________________________________________________ Жакан жазган Жакшы Кабардын 8-бөлүмүнүн 36-аятын оку. Аны көчүрүп ал. ________________________________________________________________ ________________________________________________________________ ________________________________________________________________ 40. ООЗУҢ АЧЫЛЫП КАЛГАНДА Бир көрүштөн сүйүп калуу жөнүндөгү миф «Мына ошондо, мектептин алгачкы күнү мен өзүмдүн шкафымдын жанында тургам, айланамда көп балдар бар эле, ар түрдүү сөздөрдөн сүйлөп турганбыз. Бир маалда — ошол кыз кирип келди. Ал мектепке кирип келген биринчи мүнөттө эле ал кыз мен үчүн гана жаратылганын түшүндүм. Балдар, ал кыз ушунчалык сулуу эле. Анын далысын жаап турган кара чачын көргөндө каным удургуп айлана баштады. Анын күнгө күйгөн сулуулугун айтпа, тим эле суу жээгинде мемиреп жатканы көз алдыңа келе түшөт. Келбети болсо он жети жаштагы мен сыяктуу баланын башын заматта айландырып коер эле. Мен сүйүп калдым. Бир көрүштөн сүйүп калдым, түшүнүп жатасыңарбы мени? Мен өзүм жөнүндө муну так айта алам. Албетте, анын көңүлүн бурдуруш үчүн жана «жомоктогудай чүрөк» менен жолугуш үчүн бир аз убакыт талап кылынды. Анан бардыгы өз кезеги менен кете берди — той, бала-чака, ошентип биз узак жана бактылуу жашап калдык». Бул миф. Балким, жүздөн бир окуяда ушундай болуп калаттыр. Мындай өзгөчө окуялар өзү менен чыныгы сүйүүнү алып жүрөт деп эсептегенибиз катуу адашкандык болмок. Сүйүү — бул биринчи кезекте сезим: эмоциялар толкуну, башыңа кандын урушу, дем алуунун токтоп калышы — деп ойлоп көнүп калганбыз. Бирок Ыйык Китепте сүйүү деп баарынан мурда иш-аракетти; сен эмне сезгениңди эмес, эмне кылганыңды айтат. Көп адамдар сүйүүнү саякатчы Колумбдун жаңы жерди тапкандагы окуясына окшоштуруп элестетишет. Сен аны атайлап издебейсиң, кокустан эле ал өзү чыга келет — мына ал! Сүйүү! Чындыгында, жашоодо бардыгы тескерисинче болот. Сүйүү — бакта өскөн жыпар жыттуу гүлгө окшош, сен урукту себесиң, аны сугарасың, азыктандырасың жана ага жамандык алып келе турган бардык нерседен коргойсуң жана бир канча күн бою сугарасың, анан күндөр, жумалар, айлар өтүп, өсүмдүк гүлдөй баштайт. Азыктандырууну жана сугарууну уланта берген сайын ал да өсө берет, гүлдөй берет. Балким, адамдар муну түшүнбөгөндүктөн эмес, ар ким өзүнүн сезимдеринин үстүнөн иштегенге даяр эмес болгондуктан көптөгөн өз ара жылуу мамилелер түзүлбөй калат. Урукту сугаруу керек экендиги жөнүндө аз эле адамдар ойлонушат. Өсүмдүктү тамыры менен сууруп сала турган бороонго каршы турганга аз эле адам даяр. Топуракка кам көргүсү келген адам да аз эле. Жыйынтыгында чыныгы сүйүү тараткан жыпар жыттан аз эле адам ырахат ала алат. Сүйүүнүн активдүү мүнөзү жөнүндө элчи Пабыл: «Күйөөлөр, аялыңарды Машайак Жыйынды сүйгөндөй сүйгүлө…» — деп айткан. Машайак жыйынды кандай сүйгөн эле? «Машайак Жыйын үчүн Өзүн берген… Күйөөлөр да аялдарын өздөрүнүн денесин сүйгөндөй сүйүшү керек. Аялын сүйгөн адам өзүн сүйөт. Анткени эч ким эч качан өзүнүн денесин жек көрбөйт, тескерисинче, Машайак Жыйын үчүн кам көргөн сыяктуу, өз денесин азыктандырат, жылытат» (Эф.5:25, 28, 29 курсив автор.). Сиз мурдагыдай эле алдыңыздан күнгө сонун какталган кара чачтуу сулуу кыз өтүп баратса, толкунданып кетишиңиз мүмкүн. Футбол командасынын командири сизге кайрылып калса, акылыңызды жоготуп коюшуңуз мүмкүн. Бирок бул сүйүү эмес. Бул суктануу, кичинекей урук мезгилинен баштап жыпар жыт тараткан гүлгө айланганга чейин кам көргөн таасирдүү сезимге ал такыр окшобойт. Өзүңдүн көзүң жетсин Бир көрүштөн сүйүп калуу жөнүндөгү мифтин абсурд экендигине ишениш үчүн төмөнкү тапшырмалары аткар. Элчи Пабыл сүйүүгө арнап жазган Корунттуктарга жазылган 1-каттын белгилүү бөлүмү болгон 13-бөлүмдү оку. Окугандарыңдан чыныгы сүйүүгө дал келгендерин көчүрүп ал: Сүйүү __________________________________________ Сүйүү _____________________________________(4-аят). Сүйүү баарын ___________________________________ баарына _________________________________________ баарынан ________________________________________ баарын ___________________________________ (7-аят). Сүйүү ___________________________________ байт, _______________________________ байт, _______________________________ бейт (4-аят), _______________________________ байт, _______________________________ бөйт, _______________________________ байт _______________________________ байт (5-аят), Сүйүү ___________________________________ байт, ___________________________________ (6-аят). Сүйүү эч качан ____________________________ (8-аят). Эми сен жазгандарыңа карап көр. Эсептелген мүнөздөмөлөрдүн кимисинин эмоцияга тиешеси бар? Анын ичинен канчасы — иш-аракет? 41. ӨЗҮҢДҮ ӨЗҮҢ АЙЫКТЫР Гуманисттердин мифи Соода борборун айланып жүрүп Бадди менен Натан үстүндө китептер жаткан столго келип туруп калышты. Столдун жанында балдарга мээримдүү жылмайган аял жана эркек отуруптур. «Кайсы нерсе сиздерге кызыктуу болуп жатса мага айткыла, бул жөнүндө мен силерге кененирээк түшүндүрүп берейин», — деди эркек. Кээ бир брошюраларды бекер алса да болот экен, мисал үчүн «Ыйса эч качан болгон эмес» деген брошюраны бекер беришет имиш. Башкалары үчүн болсо төлөш керек эле. Ал жерде бүткүл дүйнө жөнүндө убада кылган аңгемелер, билим берүүлөр, мамлекеттин жана диндин бөлүнүүлөрү жөнүндөгү китептер жатыптыр. Ал китептердин аталыштары да кызыктуу экен. «Сен муну кара», — деди Бадди колуна «Ыйык Китеп боюнча Айзек Азимовдун жол көрсөткүчү» деген калың китепти ала коюп. «Мен бул адам жөнүндө бир нерсе уккандай болуп жатам», — деди ал. «Албетте, уккансыз, — деп столдун ары жагынан чыга келди тиги киши. Бул мыкты китеп. Мында Суу каптоо жана Кара деңизден өтүү жөнүндөгү анча белгилүү эмес фактылар гана ачыкка чыгарылбастан, Ыйык Китепте сөз болбогон нерселер да жазылган. Бул китепте Ыйык Китептеги аңгемелер менен тарыхый фактылар жуурулушуп, адамзаттын тарыхынын ачык картинасын түзүп берет». «Ооба, албетте». — Натан ал кишиге башын ийкеп, бирок Баддинин колундагы китепти алып, столдун үстүнө коюп койду. «Жүр, кеттик бул жерден», — деди ал. «Сага эмне болду? — деп сурады Бадди ал жерден бир канча кадам алыстай түшүшкөндө. — Неге биз ал жерден ушунчалык тез кетип калдык?» Натан желкесин куушуруп койду. «Билбейм. Бирок ал жерде бир нерсе өз ордунда эмес». Натан акылдуу иш кылды. Ал ак сөөк гуманисттердин ойлоп чыгаргандарына азгырылган жок. Алардын идеясын дароо түшүнө коюу кыйын, бирок кандай учур болбосун ал идеялар Ыйык Китепке, машайакчыларга жана жыйынга каршы келет. Гуманисттер адамдар өздөрү деле дүйнөнү сактап кала алат деп эсептешет. Алар Кудай адамды куткара албайт, анткени Кудай Өзү жок нерсе деп ойлошот. Адамды дин дагы куткара албайт, анткени дин — бул жалган нерсе. Гуманист куткарылууну, тынчтыкты жана ийгиликти асмандан эмес, өзүнөн издеши керек деп эсептешет. Гуманисттер адам жекече куткарылууга жетиш үчүн жана дүйнөнү жакшырта алышы үчүн диний негизде ойлонуудан баш тартып, эч нерсеге ишенбей коюшу керек. Адам өзүнө гана таянышы керек деп эсептешет. Алар адам өзүн эркиндикке чыгарганга жана өзүн курчап турган дүйнөнү жамандыктан куткарганга эч кандай Кудайсыз эле алы жетет деп чын жүрөктөн ишенишет. Бул миф. Адамзаттын тарыхында канчалык техникалык прогресс жүргөнүнө карабастан биз кең пейилирээк да, мээримдүүрөөк да болуп кеткен жокпуз. Гуманисттердин кыймылы дүйнөгө тынчтыкты алып келе койгон жок жана согуштарды да токтотуп кое алган жок. Адам өз күчү менен өзүнүн көйгөйлөрүн чечип кое ала турган даражада эмес. Буга XX кылымдагы эки дүйнөлүк согуш, Гитлердин режими, Сталиндин режими, кызыл кхмерлердин режими, маккартизм, куклукс- клан, ядролук куралдардын таралышы, адамдардын согуштан качышы, ачкачылык жана кысымчылык далил болуп бере алат. Булардын бардыгы адамдын өз күчүнө жана акылына таянышы болбогон нерсе экендигин далилдеп турат. Албетте, адам согуш болбошу үчүн, ачкачылык болбошу үчүн бардык күчүн жумшашы керек, биз оорулар менен жана адилетсиздиктер менен күрөшүшүбүз керек. Бирок адамзат өзүн өзү куткара албайт. «Анткени асман астында бизди – адамдарды куткара ала турган башка ысым жок» — деп жазылган Ыйык Китепте (Элч.ишт. 4:12). Пабыл биринчи жүз жылдыкта айтып кеткендей, азыркы кылымда да гуманисттер куткарылууга жакын болбойт: Алар Кудайдын чындыгын жалганга алмаштырышты, Жаратканга табынуунун, кызмат кылуунун ордуна жаратылган нерсеге табынышты, кызмат кылышты. Ал эми Кудай түбөлүккө даңкталууга татыктуу! Оомийин. Рим. 1:25 Өзүңдүн көзүң жетсин Гуманисттердин мифинин жалган экендигине ишениш үчүн төмөнкү тапшырмаларды аткар. Жеремия Пайгамбардын китебинин 16-бөлүмүнүн 20–21-аяттарын оку. Гуманисттердин мифине бул сөздөрдүн кандай байланышы бар? 35-Забурдун 1–3-аяттарын оку. Бул сөздөрдү гуманисттер айткан ойго кошсо болобу? Кантип? 36–Забурдун 39-аятын оку. Гуманисттердин адам өзүн өзү куткара алат деген үмүтү үмүттөрүн актай алат бекен? Алардын бул ишениминин негизинде келечек жөнүндө кандай чечим чыгарса болот экен? 61-Забурдун 1–3-аяттарын оку. Бул аяттардагы «бир гана» деген сөз кандай маанини берет? Эмне үчүн ал кайталанып жатат? Бул аяттардагы «менин, мени» деген сөздөр жолуккан сайын ал сөзгө басым коюп, кайра-кайра окуп көр. Корунттуктарга жазылган 1-каттын 3-бөлүмүнүн 11-аятын оку. Бул аяттарга ылайык гуманисттерди кандай келечек күтөт? 42. ҮЙДӨ ЖАКШЫ Бейишти жерден да тапса болот деген миф «Бейишти жерден да тапса болот» деген ыры менен Белинда Карлайл хит-парадда эң жакшы ырлардын катарын толуктап турган. Жаман ыр эмес, бирок анда дин жөнүндөгү сөздөр жаман. Албетте, бул ырды жалгыз эле ал аткарбайт. Балким, сиз аны башка адамдардын аткаруусунда да уккандырсыз. «Билесиңби, мен азыр эмне жөнүндө ойлоп жатам?» (Бир автобуста баратсаң катарлаш отуруп бараткан кыз жанында отурган териден куртка кийип алган жигитине сүйлөгөн сөздөрүн угууга мажбурсуң) «Бейиш биздин ичибизде, бул биздин рухубуздун абалы деп ойлойм. А сенчи?» А балким, сизге бул пластинканын башка тарабын да угууга туура келгендир. «Эй, — деди навайканада отурган татуировкасы бар эркек ак алжапкыч тагып алган жаш адамга кайрыла. — Мен ушундай кыйын абалга туш болдум, аны салыштырсаң тозок да эс алып жаткандай». «Эч кандай тозок мен басып өткөн нерселерге салыштырылып болбойт» деп айтып жатып алдындагы столду бир муштады. Буга эмне дейин? Бул миф. Ооба, чындыгында, кээде адамдын жашоосунда ушунчалык бактылуу учурлар болот. Мындан жакшысын элестете да албайсың. Кээде болсо ушунчалык коркунучтуу окуялар болот, алар ушунчалык оорулуу, тозокто да мындай болбосо керек деп ойлойсуң. Анткени Ыйык Китепте бейиш жана тозок бар экендиги ачык жазылган. Ыйса Өзүнүн шакирттерине мындай деген: Атамдын үйүндө орун көп. … Мен силерге орун даярдаганы бара жатам. Жкн.14:2 Ыйса өзүнүн шакирттери менен сүйлөшкөндө бейишти эң сонун түшүндүрүп берген. Бейиш чын жүрөктөн умтулуш керек болгон жай жана абал экендиги жөнүндө ачык айткан. Шакирттери адамдардан жиндерди кууп чыгарганына сүйүнүшкөндө минтип айткан: Бирок жиндердин силерге баш ийгенине эмес, асманда ысымыңардын жазылганына кубангыла», – деди. Лк.10:20 Элчи Жакан карыган чагында жазган Ыйык Китептин акыркы бөлүгү болгон Аян китебинде бейишти Кудай Өзү болгон жай экендиги жөнүндө бизге кабарлайт. Ал жерде «…Өлүм деген болбойт. Ый деген, өкүрүк деген, оору деген болбойт». Ал жерде Кудайдын « Өзүнүн кулдары… кызмат кылышат. Алар Анын жүзүн көрүп турушат… Алар түбөлүккө падышачылык кылышат» деп жазылып турат (Аян 21:4; 22:3–5). Бейиш жерде болот деп айткан автобустагы ошол кызга Ыйык Китептеги сөздөр менен минтип айтса болот: «Сиз али эч нерсени көрө элексиз!» Ошондой эле Кудайдын Сөзүндө келечекте күнөөкөрлөрдү бизге «тозок» деген ат менен белгилүү болгон жерде жаза күтүп тургандыгы айтылат. Ыйса ошол убакыт жөнүндө так айткан, качан «…анан сол жагындагыларга мындай дейт: “Каргышка калгандар, Менин жанымдан кеткиле! Шайтан менен анын жиндери үчүн даярдалган түбөлүк отко түшкүлө…» (Мт.25:41). Жакан алган ачылышында тобо кылбаган күнөөкөрлөрдү келечекте эмне күтүп тургандыгы жөнүндө айтат: «Коркоктор жана ишенбегендер, кара ниеттер жана киши өлтүргүчтөр, бузулгандар жана сыйкырчылар, бутка табынуучулар жана бардык жалганчылар күйүп жаткан күкүрттүү көлгө ыргытылышат: бул — экинчи өлүм» (Аян.21:8). Бул кайгылуу, бирок навайканада отурган татуировкасы бар эркекке да Ыйык Китептеги сөз менен: «Сиз али эч нерсени көрө элексиз!» — деп айтыш керек. Чындыгында Ыйык Китепте тозок жөнүндө жетишерлик жазылган жана ал жөнүндө эң караңгы боектор менен сүрөттөлгөн сүрөттөөлөрдү көп жолуктурабыз. Тормозу иштебей калган жүк ташуучу машина тик ылдыйыштан кулап баратканда кандай сигнал берет? Ыйык Китептеги бул эскертүүлөрдү да биз ошондой кабыл алышыбыз керек. Тилекке каршы, тозокто эмне күтүп тургандыгы жөнүндөгү Ыйык китептик бул эскертүүлөргө бардыгы эле тийиштүү көңүл бура бербейт. Бардыгы эле эңселген бейиш жөнүндө уга беришпейт. Бирок Эврейлерге жазылган каттагыдай, «Ошондуктан ишенимден тайбаш үчүн, уккан сөзүбүзгө өзгөчө маани беришибиз керек. Эгерде периштелер аркылуу жарыяланган сөз милдеттендирүүчү сөз болгон болсо, ар бир күнөө, тил албастык тиешелүү жазасын алган болсо, ушундай улуу куткарылууну барк албай койсок, анда биз жазадан кантип качып кутулабыз?..» (Евр.2:1–3). Өзүңдүн көзүң жетсин Бейишти жерден да тапса болот деген мифтин болбогон сөз экендигине ишениш үчүн төмөнкү тапшырмаларды аткар. Ыйык Жазуудан алынган төмөнкү үзүндүлөрдү оку жана өзгөчө саптарга бейиш жөнүндө айткан төрт чечендин же жазуучунун аттарын жаз: 1. Мт.6:20 ________________________________________ 2. 2 Кор.5:1 _______________________________________ 3. 2 Пет.3:13 ______________________________________ 4. Аян.19:11 ______________________________________ Эми болсо тозок жөнүндө айткандардын атын көчүр: 5. Мт. 23:33 ______________________________________ 6. 2 Пет. 2:4 ______________________________________ 7. Аян.20:13–15 ___________________________________ (Жооптор: 1. Ыйса; 2. Пабыл; 3. Петир; 4. Жакан; 5. Ыйса; 6. Петир; 7. Жакан)