Жакандын экинчи билдирүүсү 1 Бөлүм
1 Жыйын жетекчисинен Кудай тандаган айымга жана анын балдарына. Силерди мен гана эмес, акыйкатты таанып калгандардын баары чын жүрөктөрүнөн жакшы көрүшөт.
2 Анткени жүрөгүбүздөгү акыйкат түбөлүккө биз менен болот.
3 Ылайым Кудай Атабыз жана Анын Уулу Ыйса Машаяк баарыбызга акыйкаты менен сүйүүсүн, ырайымын, мээримин жана тынчтыгын ыроолосун.
4 Балдарыңдын ичинен Атабыз осуят кылган акыйкат менен жашап жүргөндөрү жөнүндө укканымда абдан сүйүндүм.
5 Эми да, сенден өтүнөөрүм, урматтуу айым, баарыбыз бири бирибизди сүйөлү. Мен сага жаңы осуят жазып жаткан жокмун, мындай осуят бизде тээ башынан эле бар.
6 Сүйүү дегеним — бул Кудайдын осуяттары боюнча жашаганыбыз. Ал эми осуят дегеним, башынан эле өзүңөр уккандай, өз ара сүйүүдө жашооңор.
7 Анткени Ыйса Машаяктын адам кейпинде келгенине ишенбеген алдамчылар дүйнөгө толуп кетти. Мындай адамдар алдамчы жана Машаяктын душманы.
8 Ошондуктан мээнетиңер текке кетпей, сыйлыгыңарды толук алууңар үчүн өзүңөргө сак болгула!
9 Машаяктын окутуусунан четтеп, ал боюнча жашабаган ар кимдин Кудай менен мамилеси жок. Ал эми Машаяктын окутуусу боюнча жашаган адамдын Кудай Атабыз жана Анын Уулу менен мамилеси бар.
10 Ким силерге ушул окутууну үйрөтпөсө, андайды үйүңөргө да киргизбегиле, салам да бербегиле.
11 Анткени ага салам берген ар ким анын жаман иштерине тилектеш, ортоктош.
12 Силерге айтар сөзүм көп, ошондуктан, андан көрө силерге барып, орой көз чарай сүйлөшүп, бир черимди жазсам деген ниетим бар.
13 Сага Кудай тандап алган эжеңдин балдарынан ысык салам.
Бөлүмдөр: 1