меню

Жакандын үчүнчү билдирүүсү 1 Бөлүм


1 Чын жүрөгүмдөн сүйгөн сүйүктүү Гайга жыйын жетекчиси — менден салам кат.

2 Сүйүктүү Гай, рухий акыбалың жакшы болуп жаткандай, бардык жактан телегейиң тегиз болуп, ден-соолукта болушуңду тилейм.

3 Силерге барып келген боордоштор Кудайдын акыйкатына жан дилиңден берилип, ошол акыйкат боюнча жашап жатканыңды айтышканда чексиз сүйүндүм.

4 Балдарымдын чындык жолунда жашап жатканын уккандан артык менде кубаныч жок.

5 Сүйүктүү Гай, жер кезип жүргөн боордошторубузга кызмат кылып жатканың эң жакшы.

6 Алар сенин көрсөткөн адамгерчилигиң жөнүндө жыйын алдында айтып беришти. Боордошторду ушундайча узатсаң, анда Кудай адамына жарашкан ишти жасайсың.

7 Алар Ыйсанын урматы үчүн үйлөрүнөн чыгышканда, Ага ишенбегендерден эч кандай жардам алышкан эмес.

8 Биз ушундай боордошторубузду колдоо жоопкерчилигин мойнубузга алышыбыз керек. Ушундайча биз алар менен акыйкат үчүн кызматташ боло алабыз.

9 Мен жыйынга мурда да кат жаздым эле, бирок андагы биринчи болгонго тырышкан мансапкор Диотреф мени теңине албай жатат.

10 Барсам, бизди сөккөнүн эсине салам. Мунусу аз келгенсип боордошторубузду же өзү кабыл албай, же кабыл алгысы келгендерге жол бербей, тоскоолдук кылып, жыйындан кубалоодо.

11 Сүйүктүү Гай, жамандыкты эмес, жакшылыкты туура. Жакшылык жасаган адам Кудайдын жетеги менен жашайт. Жамандык жасаган киши болсо Кудайды таанып-билген эмес.

12 Деметир жөнүндө ишенгендердин баары жана чындыкты сүйлөгөн Рух дагы жакшы пикирлерин айтып жүрүшөт. Биз да ал жөнүндө жакшы пикирдебиз. Биздин пикирибиздин чын экенин сен билесиң.

13 Сага айта турган сөзүм көп, бирок калемсап менен сыя челекти чукулап олтургум келбейт.

14 Андан көрө, жакын арада сени көрөм го деген тилегим бар. Ошондо орой көз чарай отуруп алып, жакшылап сүйлөшөрбүз.

15 Сени Кудайдын тынчтыгы жылоолосун. Досторуң сага дубай салам жолдошот. Ал жактагы досторубуздун ар бирине бизден жекече салам айтып кой.

Бөлүмдөр: 1