меню

Филемонго кат 1 Бөлүм


1 Машаяк Ыйса үчүн түрмөдө отурган Пабылдан жана боордошубуз Тиметейден сүйүктүү кызматташыбыз Филимонго,

2 сүйүктүү карындашыбыз Апияга жана биз менен бирге жоокердей кызмат өтөп жүргөн Архипке, ошондой эле сенин үйүңдө чогулуп жаткан жыйынга салам айтабыз!

3 Кудай Атабыз жана Эгебиз Ыйса Машаяк силерге ырайым кылып, тынччылыгын берсин!

4 Мен сыйынган сайын сени эстеп, дайыма Кудайга ыраазычылык айтам.

5 Анткени Эгебиз Ыйсага ишенип, бардык ыйыктарды сүйгөнүң жөнүндө кулагдармын.

6 Сенин ишенгендер катары биз менен болгон алакаң Машаяк менен тыгыз жашаганда ээ болчу жакшылыктарды тереңирээк түшүндүрсүн деп сыйынам.

7 Боордош, сенин боорукерлигиң мени катуу кубантып, чоң дем берди, анткени башкаларга жакшылык кылып, ыйыктардын көңүлүн көтөрдүң.

8 Ошондуктан Машаякка ишенген боордош катары «мындай кыл!» деп буйрук бере алсам дагы,

9 сени жакшы көргөнүмдөн, өзүңө бир өтүнүч менен кайрылууну туура көрдүм. Мен, Пабыл карыя, эми болсо Машаяк Ыйса үчүн туткун,

10 түрмөдө жатканда мага уул болуп калган Онисим үчүн бир суранайын дегем.

11 Бир кезде анын сага кереги болбогон экен, эми ал сен экөөбүзгө тең аябай керек.[1]

12 Менин боор этим менен тең аны сага кайра жиберип жатам.

13 Жакшы Кабар үчүн түрмөдө отурганымда, сенин ордуңа мага жардам кылсын үчүн аны жанымда эле калса дегем.

14 Бирок сенин макулдугуңсуз эч нерсе кылгым келген жок. Кыла турган жакшылыгың бирөөнүн кысымынан эмес, өз каалооң менен болсун дедим.

15 Балким анын бир аз убакыт кетип калганы, биротоло кабыл алышың үчүн болгондур.

16 Эми ал кул эмес, кулдан жогору турган сүйүктүү боордошуң. Аны мен өтө жакшы көрөмүн. Бирок адам катары да, Эгебизге ишенген боордош катары да ал сага өтө кымбат!

17 Ошондуктан мени жакын шеригим десең, мени кабыл алгандай, аны да кабыл ал.

18 Ал сага бир жамандык кылса же бересеси болсо, аны менин мойнумда деп эсепте.

19 Мен, Пабыл, муну өз колум менен жаздым: мен төлөп берем. (Сен мага куткарылган өмүрүң үчүн карыздар экениңди айтпай ак коёюн.)

20 Ошондуктан, боордош, эми сен Эгебиз үчүн мага жакшылык кыл. Машаякка ишенген боордош катары санаамды тынчыт!

21 Муну мени угат деген үмүт менен жаздым. Сен мен сурангандан да көптү кыларыңды билем.

22 Ошону менен бирге мен үчүн бир бөлмө даярдап койчу. Себеби Кудай сыйынууңарды угуп, мени силерге жеткирет деп ойлойм.

23 Сага мени менен бирге Машаяк Ыйса үчүн түрмөдө отурган Эпафрас,

24 шериктерим Марк, Аристарх, Димас жана Лука салам жолдошот.

25 Ылайым Эгебиз Ыйса Машаяк Өзү жар болуп, ырайым кылсын! Оомийин.

Бөлүмдөр: 1