КЫМБАТТУУ ДОСУМ!
Сенин колуңдагы китепче 2026-жылга чыгарылган
«Инжилден алынган окуялар» аттуу календардын уландысы же, тагыраак
айтканда, кошумчасы десек болот. Он эки айга түзүлгөн календардагы
Инжилден алынган тексттер бул китепчеде толук берилген. Аталган
тексттерде сага Кудайдын мүнөзү жана ниеттери ачылып берилет, адамзаттын
көйгөйлөрүнүн себептери түшүндүрүлөт, куткарылууга алып барган жол
көрсөтүлөт жана биздин андан аркы тагдырыбыз сүрөттөлөт.
Жаңы Келишимден алынган ар бир окуяны терең ойлонуп жана көңүл коюп
окусаң, эки миң жыл мурун болуп өткөн окуяларды көз алдыңда элестетип,
машаякчылык кандай пайда болгонун билип каласың жана Кудайдын Сөзүн
окуунун унутулгус тажрыйбасына ээ болосуң. Кымбаттуу окурман, сага эң
сонун жана жагымдуу сезимдерди каалайбыз!
Ошондой эле, эгерде сен
Ыйык Китеп
менен таанышууну андан ары уланткың келсе же суроолоруң пайда болгон
болсо жана рухий колдоого муктаж болсоң, сага бул китепчени жана
календарды белекке берген адамга кайрыл. Ал адам машаякчылардын жыйыны
же Кудайдын Сөзүн изилдеген топ кайсыл жерде чогулганын сага сөзсүз
айтып берет.
БААРЫНАН МУРДА КУДАЙДЫН ПАДЫШАЧЫЛЫГЫН ЖАНА АДИЛЕТТИГИН ИЗДЕГИЛЕ...
Матайдын Жакшы Кабары 5, 6, 7чи бөлүмдөр
Ыйса элди көргөндө, тоого чыкты. Ал отургандан кийин, шакирттери
жанына келишти. Ошондо Ыйса аларга мындай насаат айта баштады: «Руху
жакырлар бактылуу, анткени Асман Падышачылыгы алардыкы. Ыйлагандар
бактылуу, анткени алар сооронушат. Момундар бактылуу, анткени алар жерди
мурасташат. Адилеттикке ачыккандар жана суусагандар бактылуу, анткени
алар тоюшат. Ырайымдуулар бактылуу, анткени аларга да ырайым кылынат.
Жүрөгү таза адамдар бактылуу, анткени алар Кудайды көрүшөт. Тынчтык
орнотуучулар бактылуу, анткени алар “Кудайдын уулдары” деп аталышат.
Чындык үчүн куугунтукталгандар бактылуу, анткени Асман Падышачылыгы
алардыкы. Мен үчүн кордук көрсөңөр, Мен үчүн куугунтукталсаңар, Мен үчүн
жалган жалаага калсаңар, бактылуусуңар.
Кубанып шаттангыла, анткени асмандагы сыйлыгыңар чоң! Силерден мурунку
пайгамбарларды да ушинтип куугунтукташкан. Силер жердин тузусуңар.
Эгерде туз өз даамын жоготсо, аны кайра кантип калыбына келтиресиң? Ал
адамдардын тепсендисине ыргытылуудан башка эч нерсеге жарабайт.
Силер дүйнөнүн жарыгысыңар. Тоо үстүндөгү шаар жашырына
албайт. Чыракты жандырып, анын үстүнө идишти көмкөрүп койбойт.
Үйдөгүлөрдүн баарына жарык берсин деп, аны чыракпаяга коёт. Силердин
жарыгыңар да адамдардын алдында так ошондой жаркырап турсун. Алар
силердин жакшы иштериңерди көрүп, Асмандагы Атаңарды даңкташсын.
Мени мыйзамды же пайгамбарлардын сөзүн жокко чыгаруу үчүн келди деп
ойлобогула. Жокко чыгаруу үчүн эмес, аткаруу үчүн келдим. Мен силерге
чындыкты айтып коёюн, асман менен жер жок болмоюнча, бардыгы
аткарылмайынча, мыйзамдын бир да тамгасы, бир да белгиси жок болбойт.
Ошондуктан ким бул осуяттардын эң кичинесин аткарбаса жана башкаларга да
ошентип үйрөтсө, ал Асман Падышачылыгында “эң кичинекей” деп аталат. Ал
эми ким аткарса жана үйрөтсө, ал Асман Падышачылыгында “улуу” деп
аталат. Силерге айтып коёюн, эгерде силер мыйзам окутуучулар менен
фарисейлерден да адилеттүү болбосоңор, анда Асман Падышачылыгына
кирбейсиңер. Байыркы мезгилде жашагандарга: “Киши өлтүр-бө. Ким киши
өлтүрсө, ал жазага тартылат”, – деп айтылганын уккансыңар. Мен болсо
силерге мындай деп айтамын: бир тууганына жөнү жок ачууланган ар бир
адам жоопко тартылат. Бир тууганын “келесоо” деген адам синедрион
алдында жоопко тартылат, “акылсыз” деген адам болсо оттуу көлгө түшөт.
Ошондуктан сен курмандык чалынуучу жайга курмандыгыңды алып келгениңде,
бир тууганыңдын сага каршы бир нерсеси бар экени ошол жерден эсиңе
түшсө, анда курмандыгыңды курмандык чалынуучу жайдын алдына таштагын да,
барып, адегенде
бир тууганың менен элдеш. Ошондон кийин гана
курмандыгыңды алып кел. Жолдо бара жатканыңда эле, каршылашың менен
элдешип алганга шаш. Болбосо каршылашың сени сотко берет, сот болсо
сакчыга тапшырат, ошентип, сени түрмөгө отургузуп коюшат. Сага чындыкты
айтып коёюн, акыркы кодрантыңды бермейинче, ал жерден чыкпайсың.
Байыркы мезгилде жашагандарга: “Ойноштук кылба”, – деп айтылганын
уккансыңар. Мен болсо силерге мындай деп айтамын: аял кишиге кумарлануу
менен караган адам өз жүрөгүндө ойноштук кылган болот. Эгерде оң көзүң
сени күнөөгө түртсө, аны оюп алып, ыргытып жибер. Он эки мүчөң бүт
бойдон оттуу көлгө түшкөндөн көрө, мүчөлөрүңдүн биринен гана ажыраганың
жакшы. Эгерде оң колуң сени күнөөгө түртсө, аны кесе чаап, ыргытып
жибер. Он эки мүчөң бүт бойдон оттуу көлгө түшкөндөн көрө, мүчөлөрүңдүн
биринен гана ажыраганың жакшы. Дагы мындай деп айтылган: “Ким аялын
кетире турган болсо, ага талак кат жазып берсин”. Мен болсо силерге
мындай деп айтамын: ойноштук кылуу себеби менен эмес, башка бир себеп
менен аялын кетирген адам аялынын ойноштук кылуусуна себепкер болот;
күйөөсү кетирип жиберген аялды алган адам да ойноштук кылган болот.
Байыркы мезгилде жашагандарга: “Антты бузба. Теңирдин алдында берген
антыңды аткар”, – деп айтылганын да уккансыңар. Мен болсо силерге мындай
деп айтамын: эч качан ант бербе; асманды оозанып ант бербе, анткени ал –
Кудайдын тактысы. Жерди оозанып да ант бербе, анткени ал – Анын бут коёр
жери. Иерусалимди оозанып да ант бербе, анткени ал – улуу Падышанын
шаары. Башыңды оозанып да ант бербе, анткени бир да тал чачыңды ак же
кара кыла албайсың. “Ооба” деп айтуу керек болсо, “ооба” дегиле; “жок”
деп айтуу керек болсо, “жок” дегиле. Ал эми булардан башкасы амалкөйдөн.
Силер: “Көзгө көз, тишке тиш”, – деп айтылганын уккансыңар. Мен болсо
силерге мындай деп айтамын: жамандык кылган адам менен каршылашпа; оң
жаагыңа чапкан адамга сол жаагыңды тосуп бер. Сени менен соттошуп,
көйнөгүңдү алгысы келген адамга сырт кийимиңди да бер. Сени өзү менен
бирге бир чакырым жол жүрүүгө мажбурлаган адам менен эки чакырым жол
жүр.
Сураганга бер, карыз сураган адамга тескери караба. “Жакыныңды сүй,
душманыңды жек көр”, – деп айтылганын уккансыңар. Ал эми Мен силерге
мындай демекчимин: душманыңарды сүйгүлө, силерди каргагандарга батаңарды
бергиле. Силерди жек көргөндөргө жакшылык кылгыла. Силерди таарынткандар
үчүн жана куугунтуктагандар
үчүн сыйынгыла. Ошондо силер асмандагы Атаңардын
уулдары болосуңар. Анткени Ал Өз күнүн жаманга да, жакшыга да тийгизип,
жамгырын адилеттүүгө да, адилетсизге да жаадырат. Силерди жакшы
көргөндөрдү гана жакшы көрсөңөр, силерге кайдагы сыйлык? Салык
жыйноочулар деле ошентишет эмеспи. Эгерде бир туугандарыңар менен гана
саламдашсаңар, анда эмне өзгөчөлүгүңөр бар? Бутпарастар деле ошентишет
эмеспи. Ошондуктан асмандагы Атаңар кандай жеткилең болсо, силер да
ошондой жеткилең болгула.
Адилеттүү иштериңерди адамдарга көрүнүш үчүн кылуудан сак
болгула. Болбосо асмандагы Атаңардан сыйлык албайсыңар. Ошондуктан кайыр
берип жатканыңда, элге жарыялаш үчүн, сурнай тартпа. Эки жүздүү адамдар
элден атак алыш үчүн, синагогаларда, көчөлөрдө ушундай кылышат. Силерге
чындыкты айтып коёюн, алар өз сыйлыгын алышты. Ал эми сен кайыр берип
жатканыңда, оң колуң сол колуңдун эмне кылып жатканын билбесин. Кайырды
жашыруун бер. Жашыруун кылынганын көргөн Атаң сага тиешелүүнү ачык эле
берет. Эки жүздүүлөргө окшоп сыйынбагын. Алар адамдарга көрүнүш үчүн,
синагогаларда жана көчөлөрдүн бурч-бурчтарында туруп алып сыйынганды
жакшы көрүшөт. Силерге чындыкты айтып коёюн, алар өз сыйлыгын алышты.
Ал эми сен сыйынарда, бөлмөңө кирип, эшигиңди жап да, көрүнбөгөн Атаңа
сыйын. Жашыруун сыйынганыңды көргөн Атаң сага тиешелүүнү ачык эле берет.
Бутпарастарга окшоп ашык сөздөрдү айтып сыйынбагыла. Себеби алар: “Көп
сүйлөсөк, сыйынуубуз угулат”, – деп ойлошот. Ошондуктан алардай
болбогула, анткени эмнеге муктаж экениңерди Атаңар сурай элегиңерде эле
билет.
Силер болсо мындай сыйынгыла: Асмандагы Атабыз! Сенин
ысымың ыйык тутулсун. Сенин Падышачылыгың келсин.
Асмандагыдай эле, жерде да Сенин эркиң аткарылсын. Бизге күнүмдүк
наныбызды бер. Бизге жамандык кылгандарды кечиргенибиздей, Сен да
биздин күнөөлөрүбүздү кечире көр. Азгырылышыбызга жол бербе, бизди
жамандыктан сакта. Анткени Падышачылык да, күч да, даңк да түбөлүккө
Сага таандык. Оомийин.
Эгерде силер башкалардын күнөөлөрүн кечирсеңер, анда асмандагы Атаңар да
силерди кечирет. Эгерде башкалардын күнөөлөрүн кечирбесеңер, анда Атаңар
да силердин күнөөлөрүңөрдү кечирбейт. Ошондой эле орозо кармаганыңарда,
эки жүздүүлөргө окшоп кабагыңарды салбагыла. Алар өздөрүнүн орозо кармап
жатканын адамдарга көрсөтүш үчүн, кабагын бүркөп алышат. Силерге
чындыкты айтып коёюн, алар өз сыйлыгын алышты. Ошентип, сен өзүңдүн
орозо кармап жатканыңды адамдарга эмес, көрүнбөгөн Атаңа көрсөтүш үчүн,
башыңды майлап, бетиңди жуу. Жашыруун орозо кармаганыңды көргөн Атаң
сага тиешелүүнү ачык эле берет.
Жер үстүндө байлык жыйнабагыла. Жерде аларды күбө жейт, дат басат,
уурулар үйдүн түбүн казып кирип, уурдап кетишет. Андан көрө байлыкты
асманга жыйнагы-ла. Асманда аларды күбө жебейт, дат баспайт, уурулар
үйдүн түбүн казып киришпейт да, уурдап кетишпейт.
Байлыгыңар кайсы жерде болсо, жүрөгүңөр да ошол жерде болот. Дененин чырагы – көз. Эгерде көзүң таза болсо, анда бүт денең жарык
болот. Эгерде көзүң жаман болсо, анда бүт денең караңгы болот. Эгерде
сендеги жарык караңгы болсо, анда ал кандай коркунучтуу караңгылык!
Эч ким эки кожоюнга кул боло албайт. Бирин жаман көрүп, бирин жакшы
көрөт; бирине жан-дили менен берилип, экинчисин барк албайт. Бир эле
учурда Кудайга да, байлыкка да кызмат кыла албайсыңар. Ошондуктан
силерге айтарым: “Эмне ичип, эмне жейбиз?” – деп, жаныңар үчүн; “Эмне
киебиз?” – деп, денеңер үчүн түйшүк тартпагыла. Тамакка караганда жан,
кийимге караганда дене кымбат эмеспи!
Асмандагы канаттууларды карагылачы! Алар эгин экпейт, оруп-жыйбайт,
кампага жыйнабайт, бирок Асмандагы Атаңар аларды азыктандырат. Алардан
силер канча эсе артыксыңар!
Кимиңер түйшүк тартуу менен боюңарды бир чыканак өстүрө аласыңар? Кийим
үчүн эмнеге түйшүк тартасыңар? Талаадагы лилия гүлдөрүнүн кантип өсүп
жатканын карагылачы! Алар эмгектенбейт, жип ийрибейт. Бирок силерге
айтып коёюн, атүгүл, атак-даңктуу Сулайман да булардын бириндей кийинген
эмес. Бүгүн талаада өсүп турган, эртең болсо отко ыргытыла турган чөптү
Кудай ушундай кийиндирсе, силерди алардан артык кийиндирбейби, ишеними
аздар!
Ошондуктан: “Эмне жейбиз, эмне ичебиз?” же “Эмне киебиз?” – деп түйшүк
тартпагыла. Анткени бутпарастар булардын баары үчүн түйшүк тартышат. Ал
эми силердин ушунун баарына муктаж экениңерди асмандагы Атаңар билет.
Баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгын жана адилеттигин из-дегиле, ошондо
мунун баары силерге кошулуп берилет. Ошондуктан эртеңки күн үчүн түйшүк
тартпагыла. Эртеңки күн өзү үчүн өзү түйшүк тартат. Ар бир күндүн өз
түйшүгү өзүнө жетиштүү.
Айыптабагыла, ошондо өзүңөр да айыпталбайсыңар. Кандай айыптасаңар,
силер да ошондой айыпталынасыңар.
Кандай өлчөм менен өлчөсөңөр, силерге да ошондой өлчөм менен өлчөнөт.
Эмнеге өз көзүңдөгү дөңгөчтү көрбөйсүң да, бир тууганыңдын көзүндөгү
кыпынды көрөсүң? Өз көзүңдө дөңгөч турса, бир тууганыңа: “Кел, көзүңдөгү
кыпынды алып салайын”, – деп, кантип айтасың? Эки жүздүү! Адегенде өз
көзүңдөгү дөңгөчтү алып ташта, ошондо бир тууганыңдын көзүндөгү кыпынды
кантип алып таштоо керектигин билесиң. Ыйык нерсени иттерге бербегиле,
берметтериңерди чочколордун алдына таштабагыла. Болбосо алар аны
тебелеп-тепсеп, анан кайрылып келип, силерди тытып таштайт. Сурагыла,
ошондо силерге берилет. Издегиле, ошондо табасыңар. Тыкылдаткыла, ошондо
силерге эшик ачылат. Анткени сураган адам алат, издеген адам табат жана
тыкылдаткан адамга эшик ачылат. Араңарда нан сураган уулуна таш берген
адам барбы? Же балык сураган уулуна жылан берген адам барбы? Силер жаман
болуп туруп, балдарыңарга жакшы нерселерди бергенди билсеңер, анда
Асмандагы Атаңар Өзүнөн сурагандарга жакшы нерсени берери анык.
Ошентип, адамдардын силерге кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да
аларга ошондой мамиле кылгыла. Анткени мыйзам да, пайгамбарлар да ушуну
үйрөтөт. Тар дарбаза аркылуу киргиле. Анткени кең дарбаза менен кенен
жол өлүмгө алып барат, ал жолдо бара жаткандар көп. Ал эми тар дарбаза
менен тар жол өмүргө алып барат, ал жолду тапкандар аз. Жалган
пайгамбарлардан сак болгула! Алар силерге кой терисин жамынып келишет,
бирок, чындыгында, алар – жырткыч карышкырлар. Аларды жемиштеринен билип
аласыңар. Тикенектен жүзүм, уйгактан анжыр жыйнабайт да! Ар бир
жакшы дарак жакшы жемиш берет, жаман дарак болсо жаман жемиш
берет. Жакшы дарак жаман жемиш бербейт, ал эми жаман дарак жакшы жемиш
бербейт. Жакшы жемиш бербеген ар бир дарак кыйылып, отко ыргытылат.
Демек, аларды жемиштеринен билип аласыңар. Мени “Теңир! Теңир!” дегендин
баары эле Асман Падышачылыгына кирбейт, асмандагы Атамдын каалоосун
аткаргандар гана кирет. Ошол күнү көп адамдар Мага: “Теңир! Теңир! Биз
Сенин атыңдан пайгамбарчылык кылчу эмес белек? Сенин ысымың менен
жиндерди куучу эмес белек? Сенин ысымың менен кереметтерди көрсөтчү эмес
белек?” – дешет. Ошондо Мен аларга: “Мен силерди эч качан таанычу
эмесмин. Менин жанымдан кеткиле, мыйзамсыз иш кылуучулар”, – деп
айтамын.
Ким Менин ушул сөздөрүмдү укса жана аткарса, ал үйүн таштын үстүнө
курган акылдуу адамга окшош. Шамал согуп, жамгыр төгүп, өзөндөр ташып,
ал үйдү каптады. Бирок үй кулаган жок, анткени ал үй таштын үстүнө
курулган эле. Ал эми ким Менин ушул сөздөрүмдү укса, бирок аткарбаса, ал
үйүн кумдун үстүнө курган акылсыз адамга окшош. Шамал согуп, жамгыр
төгүп, өзөндөр ташып, ал үйдү каптады. Ошондо үй кулап, чоң кыйроого
учурады». Ыйса бул сөздөрдү айтып бүткөндө, эл Анын окутуусуна таң
калды. Анткени Ал мыйзам окутуучулардай эмес, бийлиги бар адамдай
окутту.
Сен жашооңдо эң көп эмнени издейсиң? Сен үчүн эмне эң чоң баалуулук болуп эсептелет? Билимби, кадыр-барктуу кесипби, ийгиликпи, даңкпы, байлыкпы, бийликпи же бул дүйнөдөгү башка жакшы нерселерби? Бирок булардын баарысы убактылуу нерселер эмеспи! Түбөлүктүү эмес нерсе бүт өмүрүңдү арнаганга арзыйбы? Сен эмнени тандамаксың: аягы өлүм менен бүткөн бул дүйнөдөгү жалган ийгиликтиби же эмитен эле башталып, бул жашоодон кийин да улана турган Кудай менен болгон бактылуу түбөлүк өмүрдүбү? Ыйса Машаяк бизге «баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгын» издөөнү сунуш кылып, ошондой кылган учурда бизге чындап муктаж болгон бардык нерселерди берүүнү убада кылат.
МЕНИН ЖАКЫНЫМ КИМ?
Ыйсаны сынамакчы болгон бир мыйзам окутуучу ордунан туруп, Андан:
«Устат, түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн эмне кылышым керек?» – деп сурады.
Ыйса ага: «“Тоорат” китебинде эмне деп жазылган? Андан кандай сөздөрдү
окуп жүрөсүң?» – деди. «Кудай-Теңириңди чын жүрөгүң менен,
жан-дилиң менен, бүт күчүң менен, бүт акылың менен сүй,
өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүй», – деп жооп берди ал.
Ыйса ага: «Сен туура жооп бердиң, ушундай кылгын, ошондо түбөлүк өмүргө
ээ болосуң», – деди. Бирок ал өзүн актамакчы болуп, Ыйсадан: «Менин
жакыным ким?» – деп сурады.
Ошондо Ыйса ага муну айтып берди: «Бир адам Иерусалимден Жерихо шаарына
бара жатып, каракчылардын колуна түшүп калат. Каракчылар анын кийимин
сыйрып алып, сабап, араң жан кылып таштап кетишет. Бир ыйык кызмат
кылуучу ошол жол менен өтөт да, аны көрүп, четтеп өтүп кетет. Бир леби
да ошол жерден өтүп бара жатып, аны көрүп, четтеп өтүп кетет. Самариялык
бир киши да өтүп бара жатып, аны көрөт да, ага боору ачып, жанына келип,
анын жарааттарына май менен шарап сыйпап таңат. Анан аны өзүнүн эшегине
мингизип, мейманканага алып келип, ал үчүн кам көрөт. Эртеси күнү жолго
чыгарында, эки динарий алып чыгып, мейманкананын ээсине берип: “Бул
кишини кара. Эгерде ашыкча каражат жумшасаң, кайтып келгенимде төлөп
берем”, – дейт. Ушул үчөөнүн кимиси ка-ракчылардын колуна түшкөн адамдын
жакыны болот деп ойлойсуң?» – деп сурады. Мыйзам окутуучу Ыйсага: «Ага
кайрымдуулук кылганы», – деди. Ошондо Ыйса ага: «Бар, сен да ушундай
кыл», – деди.
Самариялык боорукер адамга окшош болуу үчүн, өзүбүздө кандай сапаттарды өөрчүтүшүбүз керек? Эмне үчүн кырсыкка кабылган адамга башка улуттагы жана маданияттагы адам жардам берди, ал эми биринчи кезекте жардам бериши керек болгондор четтеп өтүп кетишти? Биз кимди өзүбүздүн жакыныбыз деп эсептешибиз керек? Шашылыш жардамга муктаж болгон адамдар дайыма болот. Эгерде биз ушундай адамдарга көңүл буруп, жардам берсек, Кудай муну байкайт жана колдойт. Ушундайча биз Кудайдын негизги Осуяттарын аткарган болобуз.
АТА, БУЛАРДЫ КЕЧИРЕ КӨР...
Пилат болсо башкы ыйык кызмат кылуучуларды, башчыларды жана элди
чакыртып алып, аларга мындай деди: «Силер бул Адамды мага элди бузуучу
катары алып келгенсиңер. Бирок мен силердин алдыңарда тергөө жүргүзүп,
Андан силер койгон айыптардын эч бирин тапкан жокмун. Мен Аны Иродго
жибергем, бирок ал да Андан күнөө таппай, Аны кайра бизге жөнөтүп
жибериптир. Демек, Ал өлүм жазасына татырлык эч бир күнөө жасаган эмес.
Ошондуктан Аны жазалап туруп, коё берем». Пилат майрамга карата бир
туткунду бошотуп бериши керек эле. Бирок чогулган элдин баары: «Ага
өлүм! Бизге Бараббаны бошотуп бер!» – деп кыйкырышты. Барабба болсо
шаарда болгон бир козголоңго катышып киши өлтүргөндүктөн, түрмөгө
камалган эле. Пилат кайрадан элге кайрылып, Ыйсаны бошоткусу келгенин
айтты. Бирок алар: «Аны айкаш жыгачка када, айкаш жыгачка када!» – деп
кыйкырышты. Пи¬лат үчүнчү жолу аларга: «Ал кандай жаман иш кылды? Мен
Андан өлүм жазасына татырлык эч кандай күнөө тапкан жокмун. Ошондуктан
Аны жазалап туруп, коё берем», – деди. Бирок алар болгон үндөрү менен:
«Аны айкаш жыгачка када!» – деп кыйкырып, талап кыла беришти.
Алар улам күчөп кыйкыра беришкендиктен, Пилат алардын талабын
орундатууну чечти. Аскерлер Ыйсаны алып бара жатышканда, талаадан келе
жаткан Шымон деген киренеялык кишини кармап алышты да, ага айкаш жыгачты
көтөртүп, Ыйсанын артынан ээрчитип коюшту. Ыйсанын артынан өтө көп эл
ээрчип бара жатты. Алардын арасында Ал үчүн боздоп ыйлаган аялдар бар
эле. Ыйса аларга бурулуп, мындай деди: «Иерусалимдик кыздар, Мен үчүн
ыйлабагыла, өзүңөр үчүн, балдарыңар үчүн ыйлагыла. Анткени: “Тукумсуз,
бала төрөбөгөн, эмчек эмизбеген аялдар бактылуу”, – деп айтыла турган
күндөр келет. Ошондо тоолорго: “Биздин үстүбүзгө кулагыла”, дөбөлөргө
болсо: “Бизди басып калгыла”, – деп айта башташат. Жашыл даракка ушундай
кылышса, анда куураган дарак эмне болот?» Ыйса менен бирге эки
кылмышкерди да өлтүргөнү алып бара жатышты. Алар «Баш сөөгү» деген жерге
келишкенде, Ыйсаны жана эки кылмышкерди айкаш жыгачка кадап коюшту.
Бирин Анын оң жагына, бирин сол жагына кадашты.
Ыйса болсо: «Ата, буларды кечире көр! Анткени эмне кылып жатышканын
билишпейт», –деди. Аскерлер өкчөмө таш ыргытып, Анын кийимдерин бөлүп алышты. Эл
ошол жерде карап турду. Башкаруучулар болсо: «Ал башкаларды куткарды.
Эгерде Ал Кудай тандаган Машайак болсо, анда Өзүн куткарсын», – деп
шылдыңдашты. Аскерлер Ыйсанын жанына келип, Ага ачуу ичимдик сунуп:
«Эгерде Сен жүйүттөрдүн Пады¬шасы болсоң, анда Өзүңдү куткар», – деп
шылдыңдашты.
Айкаш жыгачка кадалган эки кылмышкердин бири: «Эгерде Машайак болсоң,
анда Өзүңдү да, бизди да куткар!» – деп, Ага тил тийгизди. Экинчиси
болсо аны тыйып: «Кудайдан коркпойсуңбу, өзүң деле ушул жазага
тартылбадыңбы. Бизге го туура өкүм чыгарышты, анткени биз кылган
иштерибизге жараша жазабызды алып жатабыз. Бул болсо эч кандай жаман иш
жасаган жок да», – деди. Анан ал Ыйсага: «Ыйса! Өзүңдүн Падышачылыгыңа
барганда, мени эстей көр», – деди. Ыйса ага: «Мен сага чындыкты айтып
коёюн, бүгүн сен Мени менен бейиште болосуң», – деди.
Сен жүрөгүңдү ооруткан жана азапка салган адамдарды кечире аласыңбы? Кандайдыр бир себептен улам аброюңа же жада калса өмүрүңө коркунуч туудурган нерсеге көңүл бурбай коё аласыңбы? Ыйсанын үстүнөн болгон сот саясий жана диний маскара гана бол-бостон, үрөйдү учурган кылмыш болуп калган. Ыйса болсо адамзатка болгон Өзүнүн сүйүүсүнөн жана ар бир адамды куткаруу каалоосунан улам, буга жол берген.
АЛ ТИРИЛДИ!
Сишемби күнү өткөндөн кийин, жуманын биринчи күнү таң заардан
магдалалык Мариям менен башка Мариям мүрзөнү көргөнү келишти. Ошол
учурда катуу жер титирөө болду, анткени Теңирдин бир периштеси асмандан
түшүп келди. Ал мүрзөнүн оозундагы ташты жылдырып, таштын үстүнө отурду.
Анын көрүнүшү чагылгандын жарыгындай, кийими кардай аппак эле. Күзөттө
тургандардын үрөйү учуп, сенейип катып калышты. Периште болсо аялдарга
мындай деп кайрылды: «Коркпогула!
Айкаш жыгачка кадалган Ыйсаны издеп жүргөнүңөрдү билем. Ал бул жерде
жок. Өзү айткандай, Ал тирилди. Келип, Анын жаткан жерин карап көргүлө. Анан тезирээк барып, Анын
шакирттерине: “Ал өлүп, кайра тирилди! Ал си-лерди Галилеядан тосуп
алат, Аны ошол жерден көрөсүңөр”, – деп айткыла. Силерге айтарым ушу».
Аялдар мүрзөдөн шашкан бойдон чыгышты да, ары коркуп, ары аябай кубанып,
шакирттерге кабарлаганы чуркап жөнөштү.
Шакирттерге кабарлаганы бара жатышканда, Ыйса алардын алдынан чыгып:
«Салам!» – деди. Алар жакын келип, Ыйсанын бутун кучактай жыгылып, Ага
таазим кылышты. Ошондо Ыйса аларга: «Коркпогула. Барып, Менин бир
туугандарыма кабар бергиле. Галилеяга барышсын, алар Мени ошол жерден
көрүшөт», – деди. Аялдар жолдо бара жатышканда, кээ бир сакчылар шаарга
келип, болуп өткөн окуянын баарын башкы ыйык кызмат кылуучуларга айтып
беришти. Башкы ыйык кызмат кылуучулар аксакалдар менен кеңешип,
аскерлерге көп акча беришти да, мындай дешти: «Силер: “Биз уктап
жатканда, шакирттери келип, Анын сөөгүн уурдап кетишти”, – деп айткыла.
Эгерде бул кабар башкаруучуга жетсе, биз аны ынандырып, силерди чатактан
куткарып алабыз». Аскерлер акчаны алышты да, алардын айтканындай
кылышты. Ошол сөз бүгүнкү күнгө чейин жүйүттөрдүн арасында айтылып
келет. Он бир шакирт Ыйса буйругандай, Галилеяга барып, тоого чыкты.
Алар Ыйсаны көргөндө, Ага таазим кылышты. Кээ бирөөлөрү болсо
шектеништи.
Ошондо Ыйса аларга жакын келип, мындай деди:
«Асмандагы жана жер үстүндөгү бардык бийлик Мага берилди. Баргыла да,
бардык элдерди Мага шакирт кылгыла. Аларды Ата, Уул жана Ыйык Рухтун
атынан сууга чөмүлдүргүлө. Силерге буйругандарымдын бардыгын аткарууну
аларга үйрөткүлө. Бул дүйнөнүн акырына чейин, бардык убакта Мен силер
менен болом». Оомийин.
Ыйса үрөйдү учурган өлүм жазасына тартылгандан кийин кайра тирилгенине ишене аласыңбы? Кимисине көбүрөөк ишенесиң – бул болушу мүмкүн эмес деген адамдаргабы же Анын Тирилүүсүнө күбө болгондоргобу? Жакшы Кабарларда сүрөттөлгөн окуялардын чындыгы тууралуу талаш-тартыштар эки миң жылдан бери уланып келет. Бирок Ыйса чындап эле тирилгенин дүйнө жүзүндөгү миллиарддаган машаякчылар, Ыйык Китептин өзгөрүлбөстүгү жана андагы пайгамбарчылыктардын аткарылгандыгы далилдеп турат. Сен бул фактыларга кандай мамиле кыласың? Ыйса эң жогорку жана чексиз бийликке ээ, Анын окутуусу чындык болуп саналат, ал эми Анын талаптарын сөзсүз аткаруу керек. Жакшы Кабарга ишен – Ыйса чындап эле тирилген!
ЖАКШЫ КОЙЧУ
Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, ким кой короого эшиктен кирбей, башка жагынан кирсе, ал – ууру жана каракчы. Ал эми ким эшиктен кирсе, ал – койчу. Кароолчу ага эшикти ачып берет. Койлор анын үнүн угушат, ал өзүнүн койлорун атынан чакырат, аларды тышка чыгарат. Ал өзүнүн койлорун тышка чыгаргандан кийин, алардын алдында басат, ал эми койлору анын артынан ээрчишет, анткени алар анын үнүн таанышат. Чоочун кишини ээрчишпейт, андан качышат, анткени анын үнүн таанышпайт. Ыйса айтып берген бул үлгү-насаат аңгеменин маанисин алар түшүнүшкөн жок. Ошондо Ыйса аларга дагы мындай деди: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, Мен койлор кире турган эшикмин. Менден мурун келгендердин баары – ууру жана каракчы. Бирок койлор аларды угушкан жок. Мен эшикмин. Ким Мен аркылуу кирсе, ал куткарылат. Кирет, чыгат жана жайыт табат. Ууру уурдоо, өлтүрүү жана жок кылуу үчүн гана келет. Мен адамдардын өмүргө, ашып-ташыган өмүргө ээ болушу үчүн келдим. Мен жакшы Кайтаруучумун. Жакшы кайтаруучу койлору үчүн өз жанын берет.
Ыйса койчуну мисал катары келтирип, Өзүнүн бизге болгон мамилеси жөнүндө сөз кылат. Сен өз жашооңду боорукер жана камкор Койчуга ишенип тапшыра аласыңбы? Эгерде тапшыра алсаң, кулак төшө, себеби Ыйса жеке сага кайрылып жатат. Ыйсаны ээрчи, Ал сени коргойт жана сага жөлөк-таяк болот.
ЖАШ БАЛДАРДАЙ БОЛГУЛА...
Ошол мезгилде шакирттер Ыйсанын жанына келип: «Асман Падышачылыгында ким баарынан чоң?» – деп сурашты. Ыйса бир кичинекей баланы чакырып алып, ортого тургузду да, мындай деди: «Силерге чындыкты айтып коёюн, эгерде жаман жолуңардан кайтып, кичинекей балдардай болбосоңор, Асман Падышачылыгына кирбейсиңер. Ошондуктан ким өзүн басынтып, ушул бала сыяктуу болсо, ал Асман Падышачылыгында чоң болот. Ким ушул сыяктуу баланы Менин ысымым үчүн кабыл алса, ал Мени кабыл алган болот. Мага ишенген бул кичинелердин бирин күнөөгө түрткөн адамды мойнуна тегирмен ташын илип, деңиздин түбүнө чөктүрүп жиберсе, ал үчүн жакшы болмок. Бул дүйнө өзүнүн азгырыктары үчүн кайгыга кабылат! Анткени азгырыктар келбей койбойт, бирок ким аркылуу келсе, ошол адам кайгыга кабылат! Эгерде колуң же бутуң сени күнөөгө түртсө, анда аны кесе чаап, ыргытып жибер. Эки колуң, эки бутуң менен түбөлүк отко ыргытылгандан көрө, колуңдан же бутуңдан ажырап, өмүргө ээ болгонуң жакшы. Эгерде көзүң сени күнөөгө түртсө, анда аны оюп алып, ыргытып жибер. Эки көзүң менен оттуу көлгө ыргытылгандан көрө, жалгыз көзүң менен өмүргө ээ болгонуң жакшы. Байкагыла, бул кичинелердин бирин да кордобогула. Силерге айтып коёюн, алардын асмандагы периштелери Асмандагы Атамдын жүзүн дайыма көрүп турушат.
Балдар эми эле өсүп-өөрчүп келе жатса да, алардан Кудай менен болгон мамилелерибизге тиешелүү көп нерселерди үйрөнсөк болот. Балдар ишенчээк болушат, кечиргенди жана бир нерсеге көнгөндү билет, уккан нерсесине чын дилден ишенишет. Кудай бизден ушундай мамилени күтөт. Жаш балдардай элпек болуп, Асмандагы Атабыздын эркине баш ийе билишибиз үчүн, бизге эмне керек?
ТОБО КЫЛГАН КҮНӨӨКӨР ҮЧҮН АСМАНДАГЫ ЧОҢ КУБАНЫЧ
Ыйса дагы мындай деди: «Бир кишинин эки уулу бар экен. Алардын
кенжеси атасына: “Ата, менин энчимди бер”, – дейт. Ошондо атасы
балдарына мал-мүлкүн бөлүп берет. Көп өтпөй, кенже уулу энчисинин баарын
алып, алыскы бир өлкөгө жөнөп кетет. Ал жактан ал жаман жолго түшүп,
өзүнүн мал-мүлкүн ыгы жок ысырап кылат. Бардыгын түгөткөндөн кийин, ошол
өлкөдө катуу ачарчылык болуп, ал муктаж боло баштайт. Ошондо ал ошол
өлкөнүн бир адамына барып жабышып жалданат. Ал киши аны өзүнүн талаасына
жиберип, чочколорун кайтартып коёт. Ал чочколор жеген жемиш менен
курсагын тойгузганына ыраазы болмок, бирок ага аны да эч ким бербейт.
Ошондо ал акылына келип: “Атамдын жалчыларынын баары тамакты тоё жешет,
мен болсо бул жерде ачкадан өлгөнү жүрөм. Туруп, атама кайтып барайын
да: "Ата! Мен асмандагы Кудайдын алдында жана сенин алдыңда күнөөгө
баттым. Мындан ары сенин уулуңмун деп аталууга татыксызмын. Мени жалчы
кылып ал дейин"”, – дейт.
Ошентип, ал туруп, атасына жөнөйт. Атасы уулун алыстан эле көрүп, аяйт
да, жүгүрүп барып, мойнунан кучактап өпкүлөйт. Ошондо уулу атасына:
“Ата! Мен асмандагы Кудайдын алдында жана сенин алдыңда күнөөгө
баттым. Мындан ары сенин уулуңмун деп аталууга татыксызмын”, – дейт. Атасы болсо кулдарына: “Тезинен эң жакшы кийим алып келип,
ага кийгизгиле. Колуна шакек тагып, бутуна бут кийим бергиле. Анан борго
байланган торпокту алып келип сойгула, ичип-жеп көңүл ачалы. Анткени
менин бул уулум өлгөн эле – тирилди, жоголгон эле – табылды”, – дейт.
Ошентип, алар тойлой башташат. Ошол учурда анын тун уулу талаада болот.
Ал кайтып келе жатып, үйүнө жакындаганда, ырдап-бийлегендердин үндөрүн
угат. Ошондо ал кулдардын бирин чакырып алып: “Эмне болуп жатат?” – деп
сурайт. Кул ага: “Сенин иниң келди, атаң баласын аман-эсен көргөнү үчүн,
борго байланган торпокту сойдуртту”, – дейт. Муну укканда, анын ачуусу
келип, үйгө киргиси келбейт. Атасы сыртка чыгып, аны чакырат. Ошондо ал
атасына: “Мен сага ушунча жылдан бери кызмат кылып келе жатам, эч качан
буйругуңду бузган жокмун. Бирок сен мага досторум менен көңүл ачканга
бир улак да берген эмессиң. Ал эми өзүнүн мал-мүлкүн бузулган аялдар
менен ыгы жок ысырап кылган уулуң келсе, ага бордолгон торпок сойдуң”, –
деп жооп берет. Атасы болсо ага: “Балам, сен ар дайым менин жанымдасың,
менин бардык мал-мүлкүм сеники. Бул нерсеге болсо сүйүнүп, кубануу керек
болчу.
Анткени бул иниң өлүк эле – тирилди, жоголгон эле – табылды!” – дейт».
Адашкан уул жөнүндөгү үлгү-насаат аңгеме – бул биз менен Кудайдын ортосундагы мамилелер тууралуу баян. Кимдир-бирөөлөр кенже уул сыяктуу рухий мурасты ысырап кылып, үмүтсүздүктүн жана айласыздыктын туңгуюгуна кулайт. Дагы бирөөлөр болсо өздөрүнөн башка эч кимди сүйбөй туруп эле Теңирден ырайым издейт. Бирок «акылына келип», Кудайдын ырайымын издеген ар бир адамды Ал мээримдүү ата сыяктуу кубаныч менен кабыл алат. Теңирибиз алдыбыздан тосуп чыгып, кучагын кенен жайып, кечиргенге дайым даяр. Биз бүт өмүрүбүздү өзүбүздүн эрежелерибизге жана түшүнүгүбүзгө ылайык жашап келгенибизди түшүнүп, Асмандагы Атабызга кайтып келгенге даярбызбы?
СЕНИ ИШЕНИМИҢ КУТКАРДЫ...
Элдин арасында он эки жылдан бери кан агуудан азап чегип жүргөн
бир аял бар эле. Ал көп дарыгерлерге көрүнүп, колунда болгонун бүт
түгөткөн, бирок оорусунан айыкпай, абалы начарлай берген. Ыйса жөнүндө
уккан бул аял көпчүлүктү аралап өтүп, Анын артынан келип, кийимине колун
тийгизди. Анткени ал: «Анын кийимине колумду тийгизсем эле айыгам», –
деген эле. Ошол замат анын кан агуусу токтоду. Аял өзүнүн оорудан
айыкканын сезди. Ошол эле учурда Ыйса Өзүнөн күч чыкканын сезип: «Менин
кийимиме ким колун тийгизди?» – деп, элге кайрылды.
Шакирттери Ага: «Топ эл Сени кысып турганын көрүп турасың да, анан “Мага
ким колун тийгизди?” – дейсиң!» – дешти. Бирок Ыйса муну ким кылганын
көрүш үчүн, тегерегин карады. Өзүнүн айыкканын билген ал аял коркконунан
калтырап, Ыйсанын алдына келип жыгылды да, Ага болгон чындыкты айтып
берди. Ошондо Ыйса ага: «Кызым, сени ишенимиң куткарды.
Тынчтык менен бара бер. Ооруңдан айык!» – деди.
Жашооңдо сени кубаныч менен жыргалчылыктан ажыраткан чечилгис көйгөй барбы? Ал көйгөйдү чечүү жолун өз алдыңча таба алам деген үмүтүң дагы эле калдыбы? Үмүтүң өчкөн болсо, Ыйсага кайрыл! Оорукчан аялдын айыгуу үчүн кылган бардык аракеттери ийгиликсиз болгон, ал мүмкүн болгон бардык жолдорду колдонуп көргөн, аягында бир гана жол калган жана дал ошол жол туура болуп чыккан! Мындан биз өзүбүзгө кандай сабак алсак болот? Аялдын айыгып кетүүсүнө эмне себеп болду? Эмне үчүн ал айыккандан кийин, Ыйса ага куткарылганын айткан? Ыйса сенин жашооңду өзгөртө аларына чын дилден ишенип, Ага куткарууну суранып кайрылганга даярсыңбы?
КУДАЙДЫН СӨЗҮ – ӨМҮР НАНЫ
... Ошондон кийин Ыйса шайтан тарабынан сыналуу үчүн, Рух аркылуу чөлгө алынып барылды. Ал кырк күн, кырк түн орозо кармап, акырында ачка болду. Ошондо азгыруучу Ага жакын келип: «Эгерде Сен Кудайдын Уулу болсоң, анда мына бул таштарга нанга айланууну буйру!» – деди. Ыйса ага: «“Адам нан менен гана эмес, Кудайдын оозунан чыккан ар бир сөз менен да жашайт”, – деп, Ыйык Жазууда жазылып турат», – деп жооп берди. Ошондо шайтан Аны ыйык шаарга алып барып, ийбадаткананын төбөсүнө тургузуп, мындай деди: «Эгерде Сен Кудайдын Уулу болсоң, анда боюңду таштап жибер. Анткени Ыйык Жазууда: “Ал Өзүнүн периштелерине буйрук берет. Сен бутуңду ташка уруп албашың үчүн, алар Сени колдоруна көтөрүп кетишет”, – деп жазылып турат». Ыйса ага: «Ыйык Жазууда: “Кудай-Теңириңди сынаба”, – деп да жазылып турат», – деп жооп берди. Шайтан кайрадан Аны алып, абдан бийик тоого чыгарды да, дүйнөдөгү бардык падышачылыктарды жана алардын атак-даңкын көрсөттү. Анан Ага: «Алдыма жыгылып, мага таазим кылсаң, ушунун баарын Сага берем», – деди. Ошондо Ыйса ага: «Кет жанымдан, шайтан! Анткени: “Кудай-Теңириңе табын жана бир гана Ага кызмат кыл”, – деп жазылып турат», – деп жооп берди. Ошондо шайтан Ыйсанын жанынан кетти. Периштелер келип, Ыйсага кызмат кыла башташты.
Сен Ыйык Китеп жөнүндө кандай көз караштасың? Ал Кудайдын Сөзү экенине ишенесиңби? Ыйса аны кадимки нанга караганда алда канча маанилүү болгон рухий азык катары сүрөттөйт. Сыноолордо бекем болуу үчүн, Кудайдын Сөзүн билип, анын жетегинде болуп, аны аткаруу керек. Сенде эмне үчүн бул дүйнөдө жамандык ушунчалык көп, ал эми Кудай эч бир чара көрбөйт деген суроо жок дегенде бир жолу болду беле? Жаратуучуну сынап, Аны кандайдыр бир табияттан тышкаркы иштерди жасаганга мажбурлаганга аракет кылдың беле? Ошондой кылган болсоң, этият бол. Ыйса Кудайды сынабоо керектигин, Анын боорукердигине, ыйыктыгына жана акыйкаттыгына шек келтирбөө керектигин ачык айтат. Сен эмнени тандамаксың: дүйнөнүн бардык байлыгына ээ болуп, бирок жан-дүйнөңдүн кыйраганынбы же кечиримге ээ болуп, Анын алдында түбөлүк жашоонубу? Ыйса Өзү эмнени тандаганын ачык айткан. Сен эмне кыласың?
ЖОГОРУДАН ТӨРӨЛҮШҮҢ КЕРЕК
Фарисейлер арасында жүйүт эл башчыларынын бири Никедим деген киши бар эле. Ал бир күнү түн ичинде Ыйсага келип: «Устат, Сенин Кудайдан келген Устат экениңди билебиз. Анткени Сен кылып жаткандай кереметтерди Кудайсыз эч ким кыла албайт», – деди. Ыйса ага: «Чындыкты, сага чындыкты айтып коёюн, кимде-ким жогорудан төрөлбөсө, Кудайдын Падышачылыгын көрбөйт», – деп жооп берди. Никедим Андан: «Карыган адам кайра кантип төрөлмөк эле? Эмне, ал энесинин курсагына экинчи жолу кирип, кайра төрөлөбү?» – деп сурады. Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Чындыкты, сага чындыкты айтып коёюн, кимде-ким суудан жана Рухтан төрөлбөсө, Кудайдын Падышачылыгына кире албайт. Денеден төрөлгөн – дене, Рухтан төрөлгөн – рух. “Жогорудан төрөлүшүң керек”, – деп айтканыма таң калба! Шамал каалаган жеринде согот, анын үнүн угасың, бирок кайдан келип, кайда кетерин билбейсиң. Ыйык Рухтан төрөлгөн адамда да ушундай болот». Ошондо Никедим Андан: «Бул кандай болушу мүмкүн?» – деп сурады. Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Ысрайыл элинин окутуучусу болуп туруп, ушуну билбейсиңби? Чындыкты, сага чындыкты айтып коёюн, биз билгенибизди айтабыз, көргөнүбүздү күбөлөндүрөбүз, силер болсо биздин күбөлөндүрүүбүздү кабыл албайсыңар. Мен силерге жердеги нерселер жөнүндө айтсам ишенбейсиңер, анан асмандагы нерселер жөнүндө айтсам, кантип ишенесиңер? Асманда жашаган, асмандан түшкөн Адам Уулунан башка эч ким асманга көтөрүлгөн эмес. Муса чөлдө жыланды жогору көтөргөндөй, Адам Уулу да жогору көтөрүлүүгө тийиш. Ошондо Ага ишенген ар бир адам түбөлүк өмүргө ээ болот. Кудай бул дүйнөнү абдан сүйгөндүктөн, Өзүнүн жалгыз Уулун берди. Кудай Аны Ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди. Кудай Өз Уулун бул дүйнөгө дүйнөнү соттош үчүн эмес, Ал аркылуу дүйнөнү куткаруу үчүн жиберди. Ага ишенген адам соттолбойт, ал эми ишенбеген адам соттолду. Анткени ал Кудайдын жалгыз Уулуна ишенбей койду.
Ыйса диний окутуучу Никедим менен болгон маегинде адам түшүнө албаган жана көзгө көрүнгөн дүйнөгө тиешелүү болбогон теманы козгойт. Көрсө адам дагы бир жолу төрөлүшү керек экен, бирок мунусунда рухий жактан төрөлүшү керек. Мындай төрөлүү Кудайдын катышуусу болбосо мүмкүн эмес, ал эми төрөлүү болбосо, адамдын жан-дүйнөсү кыйроого учурайт. Адам дал ошентип рухий жактан төрөлүшү үчүн, Кудай бул дүйнөгө Ыйсаны жиберген. Ал аркылуу бизге Кудайдын дүйнөсүнө, Анын Падышачылыгына киргенге жол ачылат. Сен Кудайдын Рухунан төрөлгөнсүңбү? Сенде мээримдүү Кудай Өз Уулу Ыйса Машаякта берген өмүр барбы?
АСМАНГА КӨТӨРҮЛҮП КЕТКЕН АЛ КАЙРА КЕЛЕТ
Элчилердин Иштери 1:1-11
... Ыйса Өзү тандаган элчилерге Ыйык Рух аркылуу буйрук бергенден кийин, асманга алынып кеткен күнүнө чейин, башынан баштап эмнени жасаса, эмнени үйрөтсө, ошонун баарын мен сага биринчи китепте жазгам. Азап тартып өлгөндөн кийин, кырк күн ичинде Ыйса аларга көрүнүп, Кудайдын Падышачылыгы жөнүндө айтып, Өзүнүн тирүү экендигин көптөгөн далилдер аркылуу көрсөттү. Анан Ыйса аларды чогултуп, мындай буйрук берди: «Иерусалимден кетпегиле, Атанын убадасын, Менден эмнени уксаңар, ошону күткүлө. Анткени Жакан сууга чөмүлдүргөн, ал эми силер бир аз күндөн кийин, Ыйык Рухка чөмүлдүрүлөсүңөр». Ошондуктан алар бир жерге чогулушканда, Ыйсадан: «Теңир, Сен Ысрайыл элинин падышачылыгын ушул убакытта калыбына келтиресиңби?» – деп сурашты. Ыйса болсо аларга мындай деп жооп берди: «Атанын Өз бийлиги менен белгилеген убакыттарын, мөөнөттөрүн билүүнүн силерге кереги жок. Бирок үстүңөргө Ыйык Рух түшкөндөн кийин, күч аласыңар да, Иерусалимде, бүт Жүйүт аймагында, Самарияда, атүгүл, бүт дүйнө жүзүндө Менин күбөлөрүм болосуңар». Ыйса бул сөздөрдү айткандан кийин, алардын көз алдында асманга көтөрүлүп кетти, булут Аны алардын көз алдынан алып кетти. Алар асманга көтөрүлүп бара жаткан Ыйсаны карап турушканда, күтүлбөгөн жерден алардын алдына ак кийим кийген эки адам пайда болуп, мындай дешти: «Галилеялык эркектер! Асманды эмне карап турасыңар? Силердин жаныңардан асманга көтөрүлүп кеткен бул Ыйса, өзүңөр көргөндөй, асманга кандай көтөрүлүп кетсе, ошондой эле кайра келет».
Ыйса Машаяк Өзүнүн жолдоочуларын Өзү менен чогуу Асмандагы Мекенине алып кетүү үчүн бир күнү жерге кайтып келерин билесиңби? Бардык машаякчылар – бул Ыйсанын Жыйыны, Ыйык Рухтан кайра төрөлгөндөрдүн коомчулугу. Сен Машаяктын Жыйынынын мүчөсү болуп саналасыңбы? Ыйсанын Экинчи Келишин күтүп жатасыңбы? Ал сени Өзү менен алып кетеби? Мындай болушу үчүн, ишеним менен Ыйсага кайрылып, тобо кылып сыйынып, рухий төрөлүүнү баштан кечирип, Ыйык Рухка толуп, Ыйса келгенге чейин Анын шакирти болушуң керек.
ДҮЙНӨНҮН КУТКАРУУЧУСУНУН ТӨРӨЛҮШҮ
Ошол күндөрдө Рим императору Август «Бүт өлкөдө эл каттоо болсун»
деген буйрук чыгарды. Бул Кибрений Сирияны башкарып турган убакта болгон
биринчи эл каттоо эле. Ошондо каттоодон өтүш үчүн, ар ким өз шаарына
барды. Жусуп да Галилеядагы Назарет шаарынан Жүйүт аймагына, Дөөттүн
шаары Бейт-Лехемге жөнөдү. Анткени ал Дөөт падышанын тукумунан эле. Ал
өзү менен убадалашып койгон кош бойлуу аялы Мариям менен бирге каттоодон
өтмөкчү болду. Алар Бейт-Лехемге келишкенде, Мариямдын төрөр маалы
келип, тун Уулун төрөдү. Аны ороп, сарайдагы акырга жаткырды, анткени
мейманканада аларга орун жок болчу.
Ошол жерде түнкүсүн талаада түнөп малын кайтарган койчулар бар эле.
Күтүлбөгөн жерден аларга Теңирдин периштеси көрүнүп, Теңирдин даңкы
жаркырады. Койчулар аябай коркуп кетишти. Периште аларга:
«Коркпогула! Мен силерге бардык адамдарды сүйүнтө турган чоң
кубанычты жарыялайм: Бүгүн Дөөттүн шаарында силер үчүн Куткаруучу
төрөлдү. Ал – Машайак Теңир. Силер аны бул белги боюнча билесиңер:
жалаякка оролуп, акырда жаткан Наристени көрөсүңөр», – деди.
Күтүлбөгөн жерден периште менен бирге асман аскерлеринин тобу көрүнүп:
«Асмандагы Кудайга даңк! Жер үстүндө, Кудайга жаккан адамдар арасында
тынчтык болсун», – деп, Кудайды даңкташты. Периштелер асманга көтөрүлүп
кеткенден кийин, койчулар бири-бирине: «Жүргүлө, Бейт-Лехемге баралы да,
ал жерде эмне болгонун, Теңирдин бизге эмне жөнүндө жарыялаганын
көрөлү», – дешти. Алар шашылыш түрдө келишип, Мариям менен Жусупту,
акырда жаткан Наристени көрүштү. Аларды көрүшкөндөн кийин, бул Наристе
жөнүндө уккандарын айтып беришти. Ошондо угуп тургандардын бардыгы
койчулардын сөздөрүнө таң калышты. Мариям болсо бул сөздөрдүн бардыгын
көңүлүнө түйүп, эсине сакта-ды. Койчулар көргөндөрүнүн, уккандарынын
баары периштенин ай-тканындай болгону үчүн Кудайды даңктап, мактап,
кайра кайтышты.
Дүйнөнүн Куткаруучусунун төрөлүүсүнө байланыштуу болгон окуялардан бизди эки миң жыл бөлүп турат, бирок Анын туулгандыгы тууралуу кабар бүгүнкү күнгө чейин бардык жерлерде жар салынып жана тарап жатат. Ошол убактагыдай эле, бүгүн да ар бир адам Бейт-Лехемдеги куткарылуу жылдызы жанган тарапка ишеним менен көз чаптыра алат. Ошол убактагы койчулар сыяктуу эле, бүгүнкү күндө да биз Жакшы Кабарды угуп, Наристени көргөнү барып, Анын бут алдынан өзүбүздүн куткарылуубузду таба алабыз. Ыйсанын туулгандыгы тууралуу баян сенде кандай ойлорду жана сезимдерди жаратат? Бул баян сенин жашооңо кандай таасир тийгизет? Ыйса сенин жүрөгүңдө төрөлгөнгө жай таба алабы? Сен Кудайга Анын бизге болгон ырайымдуу мамилеси үчүн жана асмандан келген эң сонун белеги – Куткаруучу Ыйсанын Төрөлгөндүгү үчүн ыраазысыңбы?