меню

Петирдин экинчи билдирүүсү 2 Бөлүм

тез өтүү:

1 Мурда Ысрайыл элинин ичинен да жалган пайгамбарлар чыгышкандай, силердин ичиңерден да жалган окутуучулар чыгып, туура эмес окутуп, ак жолдон адаштырышат жана күнөөдөн куткарган Ээсин танышып, ошонусу менен башына түшө турган кырсыкты тездетишет.

2 Көп адамдар алардын бузуку жолдоруна түшүп кетишет да, ошондойлордун айынан акыйкаттын жолуна сөз тиет.

3 Акчага тойбогон алар керт башынын пайдасы үчүн бал тилин салып силерди алдашат. Соттоочусу эчак эле аларды жазалаганга даяр, Ойрондоочусу сак турат!

4 Эгерде Кудай күнөө кылган периштелерди аябастан, аларды жазалоо үчүн караңгы тозоктун капастарына чынжырлап салган болсо,

5 эгерде байыркы дүйнөнү аябастан, ошол бузукулардын дүйнөсүн топон сууга бастырганда, адилеттиктин жарчысы болгон Нухту сегиз адамдан турган үй-бүлөсү менен кошо аман сактап калган болсо,

6 эгерде келечектеги кудайсыздарга эмне болорун көрсөтүү үчүн, Содом менен Гоморшаарларын күлгө айлантып жок кылууга өкүм чыгарып,

7 ал эми ашынган бузуку адамдардын арасында жашоодон чаалыккан такыбаа Лутту куткарган болсо

8 (анткени бул такыбаа адам алардын арасында жашап, күндө мыйзамсыз иштерди угуп-көргөндө өтө катуу кыйналган),

9 анда, демек, такыбааларды кыйынчылыктан кантип куткарууну, ал эми мыйзамсыздарды жазалоо үчүн кыяматтагы сот күнүнө кантип кармап турууну Эгебиз билет.

10 Өзгөчө алиги ыплас кумарларга берилип, Кудайдын бийлигин жек көрүшкөндөрдүн тагдыры ушундай болот. Бул жалган окутуучулар — тоңмоюндар, көпкөндөр, рухий күчтөрдү сөккөндөн коркпогондор.

11 Алар эмес, алардан бардык жагынан күчтүү периштелер да Эгебиздин алдында рухий күчтөрдү жектеп, соттошпойт.

12 А булар болсо кармап алып сойгонго туулган, табигый туюмдун жетегинде жашаган акыл-эси жок жаныбарлардай. Булар түшүнбөгөн нерселеринин баарына тил тийгизишет. Алар кылган иштеринин жазасын алышат.

13 Алардын кылган адилетсиздиктери өз башына тиет. Анткени алар өздөрүнүн ыплас кумарларын чак түштө кандырганды рахат деп эсептешет. Алар бузулган жашоосунан рахат алып, алдамчылыктарына маашырланган уятсыз бетпактар.

14 Алардын көздөрү бузуктукка толуп, күнөөгө эч тойбойт. Алар ишеними алсыздарды торлоруна түшүрүшөт. Ниеттеринде болсо дайыма ачкөздүк. Алар Кудайдын каргышына калгандар.

15 Алар ак жолду калтырып, парага кызыгып кеткен Босордун баласы Балаамданүлгү алып, адашып калгандар.

16 Бирок Балаамдын эшеги анын күнөөсүн ашкерелеп, адамча сүйлөп жиберген. Ошентип тилсиз эшек пайгамбардын акылсыздыгын токтоткон.

17 А булар болсо какшып калган кудуктардай, бороон айдаган булуттардай. Ошондуктан Кудай аларга көзгө сайса көрүнгүс караңгылыктын төрүнөн орун даярдап койгон.

18 Алар текебер, бош сөздөрдү айтышып, туура эмес жолдо жашагандардан жаңы эле бөлүнүп чыккандарды ыплас кумарлар менен бузуку жүрүш-туруштун тузагына кайра түшүрүшөт.

19 Аларга азаттыкты убадалашат, ал эми өздөрү арам адаттардын кулдугунан чыга албай жатышат. Адам кимге баш ийип берсе, ал ошонун кулу.

20 Эгерде адамдар Эгебиз жана Куткаруучубуз болгон Ыйса Машаякты билгендери аркылуу бул дүйнөнүн бузуку күчтөрүнөн арылып, анан кайра ошол күчтөргө чалынышып, аларга жеңилип беришсе, анда алардын акыбалы мурдагыдан да жаман болот.

21 Адилеттиктин жолун билип алып, анан кайра тескери кетип, берилген ыйык буйруктан чегингенден көрө, ал жолду билбей калганы аларга жакшы болмок.

22 Алардын кылганы төмөнкү макалдардагы чындыктай: «ит кайра эле кусундусуна барат»жана «жуулган чочко кайра эле чылага оонайт».

Бөлүмдөр: 1 2 3