2 Тесалоникалыктарга кат 1 Бөлүм
1 Кудай Атабыз менен Эгебиз Ыйса Машаяктын Тесалоника шаарындагы жыйынына Пабыл, Сила жана Тиметейден дубай салам!
2 Кудай Атабыз менен Эгебиз Ыйса Машаяк силерге ырайым этип, тынччылык берсин!
3 Боордоштор, ишенимиңер ушунча өсүп, бири бириңерге болгон сүйүүңөр барган сайын артып баратканын көрүп, силер үчүн ар дайым Кудайга ыраазычылык билдирип турбасак калыстык болбос.
4 Ошондуктан биз өзүбүз Кудай жыйындарында силер жөнүндө, куугунтуктар менен башыңардан өткөргөн кыйынчылыктардын баарын чыдамкайлык менен көтөрүп, ишенимден жазбай келатканыңар жөнүндө сыймыктануу менен айтып жүрөбүз.
5 Мунун баары Кудай сотунун калыстыгын айгинелеп турат: Кудай Падышалыгында болууну тандап алганыңар үчүн азап чегип жаткан силер ага кирүүгө татыктуу болосуңар.
6 Өзүнүн адилеттүү өкүмүн чыгарып, Ал силерге азап жедиргендердин өздөрүн азап жедирет.
7-8 Ал эми кыйналып жаткан силерге биз менен бирге тынччылык берип, жай алдырат. Бул Эгебиз Ыйса жалындаган от менен Өзүнүн кудуреттүү периштелеринин коштоосунда көктөн түшүп келгенде болот. Ал Кудайды таануудан баш тарткандардын жана Эгебиз Ыйса жөнүндөгү Жакшы Кабарды этибар албагандардын сазайын колдоруна берет.
9 Алардын жазасы — Эгебизден биротоло ажырап, Анын улуулугунан алыстатылып, түбөлүк апат болуу.
10 Эгебиз кайткан ошол күнү Анын ыйыктары, Ага ишенгендердин баары чогулуп, эбегейсиз сулуулугуна суктанып даңазалашат. Өзүбүз күбөгө өтүп, айтып берген Жакшы Кабарды ишенип кабыл алган силер да алардын арасында болосуңар.
11 Кудай силерди Өзү чакырган жашоого татыктуу кылып, кудурети менен колдоп, жасайын деген ар бир жакшылыгыңарды иш жүзүнө ашырып, ишенимге таянып кылган ар бир ишиңерди аягына чыгарып берсин деп тилеп, тынбай сыйынып турганыбыздын себеби мына ушунда.
12 Ошентип Кудайыбыз жана Эгебиз Ыйса Машаяктын ырайымы менен Эгебиз Ыйсанын ысмы силер аркылуу, силер болсо Ал аркылуу даңкталасыңар.