2 Тесалоникалыктарга кат 2 Бөлүм
1 Эми, боордоштор, Эгебиз Ыйса Машаяктын келерине жана биздин чогулуп, Аны тосуп чыгарыбызга байланыштуу өтүнөрүбүз бул:
2 бизди пайгамбарчылык кылып, же жыйындан сөз айтып жатып, же болбосо кат жиберип, Эгебиздин кайтар күнү келип калганын айтты деген каңшаар уксаңар, дал болуп, алдастап, дүрбөлөңгө түшпөгүлө.
3 Эч ким бир амалын таап, силерди алдап кетпегидей болсун. Анткени Эгебиз кайтардан мурун, эң алды Кудайга каршы козголоң башталып, Кудай мыйзамынын каршылашы, ойрон боло турган адамдын жүзү ачылууга тийиш.
4 Ал кудай делинген же адам баласы табынган нерселердин бардыгына каршы туруп, өзүн алардан жогору коюп, ал турсун Кудайдын ийбадатканасында отуруп алып, өзүн Кудай деп жарыялайт.
5 Мунун баарын араңарда болгонумда эле эскертип айтып жүргөнүм эсиңердеби?
6 Кудай мыйзамына каршы чыгар адамды азырынча, жогорудан коюлган убакыт-саат келгичекти, кандай кудурет-күч ачыкка чыгарбай, кармап турганын силер билесиңер.
7 Бирок адамдарды Кудай мыйзамына каршы тургузар күч өз жашырын ишин күн мурунтан эле жүргүзө баштаган. Убагы келгенде, аны кармап турган күч арадан алынып ташталат.
8 Ошондо Кудай мыйзамына каршы турчу адамдын жүзү ачылат. Бирок Өзүнүн кайтар күнүндө Эгебиз Ыйса аны оозунан чыккан бир илеп деми, жаркыраган улуулугу менен кыйратып жок кылат.
9 Мыйзам каршылашын шайтан алып келет. Ал шайтандын кудурет-күчүнө бөлөнүп, бардык жалган жышаандар менен шумдуктарды көрсөтөт.
10 Ар кандай адилетсиз иштерди жасап, ошонусу менен апат боло тургандарды азгырыкка салат. Алардын апат болорунун себеби өздөрүн куткарчу чындыкты жактырбай, андан баш тарткандыгында.
11-12 Дал ошон үчүн, чындыкка ишенбестен, адилетсиздикти жактыргандардын баары жазага тартылсын үчүн, Кудай аларды жалган нерсеге ишенгендей кылып коёт.
13 Ал эми биз, Эгебиздин мээри түшкөн боордоштор, силер үчүн Кудайга дайыма алкыш айтып турушубуз керек. Анткени Кудай башынан эле силерди Өзүнө тандап алып, Рух менен ыйыктап, чындыкка ишендирип, куткарылууга жол сызып койгон.
14 Дал ушул себептен Ал силерди Эгебиз Ыйса Машаяк менен кошо даңкталсын үчүн биз жеткирген Жакшы Кабар аркылуу Өзүнө чакырып алды.
15 Ошондуктан, боордошторубуз, туруктуу болуп, биз силерге сөз аркылуу же кат аркылуу окуткандарыбызды бекем кармангыла.
16-17 Эми болсо Эгебиз Ыйса Машаяктын Өзү жана бизге мээримин төгүп, Өз ырайымы боюнча бизге түгөнгүс жигер менен үзүлбөс үмүт берген Кудай Атабыз силерди жигерлентип, качан болсо да жакшылык кылгыдай, жакшы сөз айткыдай кайрат берип турсун.