1 Гилат тургундарынын бири тишпилик Илияс Ахапка: «Мен алдында турган Ысрайылдын Кудай-Теңири тирүү! Ушул жылдары, мен айтмайынча, шүүдүрүм түшпөйт, жамгыр жаабайт», – деди.
2 Теңирден ага мындай сөз болду:
3 «Бул жерден чыгып, чыгышка бурулуп, Иордандын каршысындагы Керит суусунун жанына жашын.
4 Сен ошол суудан ичесиң, сени багууну Мен каргаларга буйрудум».
5 Ал барып, Теңирдин айтканындай кылды. Иордандын каршысындагы Керит суусунун боюна барып токтоду.
6 Каргалар ага эртең менен да, кечинде да нан жана эт алып келип турушту, сууну болсо ал агын суудан ичип турду.
7 Бир аз убакыт өткөндөн кийин, агын суу какшыды, анткени жерге жамгыр жааган эмес эле.
8 Ошондо ага Теңирден сөз болду:
9 «Тур, сидондук Сарепатка барып, ошол жерде кал. Мен ал жердеги бир жесир аялга сени багууну буйрудум».
10 Ал туруп, Сарепатка жөнөдү. Шаар дарбазасына келсе, ошол жерде бир жесир аял отун терип жүрүптүр. Илияс аны чакырып: «Мага ичкенге кичине суу берчи», – деди.
11 Ошондо ал аял суу алып келгени кетти. Илияс анын артынан кыйкырды: «Мага бир кесим нан да ала келчи».
12 Аял мындай деди: «Сенин Кудай-Теңириң тирүү! Менде нан жок, жыгач челекте бир ууч гана ун, кумурада бир аз май бар. Бир аз чырпык терип алып, уулум экөөбүзгө тамак даярдайм. Ошону жейбиз да өлөбүз».
13 Ошондо Илияс ага мындай деди: «Коркпо, барып, өзүң айтканды жаса. Бирок адегенде мага ошондон кичине ачыткысыз нан жасап алып кел. Балаң менен өзүңө андан кийин жасайсың.
14 Анткени Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Теңир жерге жамгыр жаадырган күнгө чейин үкөктөгү ун түгөнбөйт, кумурадагы май бөксөрбөйт”».
15 Аял барып, Илияс айткандай кылды. Илияс, аял жана анын үй-бүлөсү бир топ убакыт жан багышты.
16 Теңирдин Илияс аркылуу айткан сөзү боюнча үкөктөгү ун түгөнгөн жок, кумурадагы май бөксөргөн жок.
17 Ушундан кийин ал аялдын, үйдүн ээсинин, баласы ооруп калды. Оорусу катуу болгондуктан, анын дем алуусу токтоп калды.
18 Ошондо аял Илияска: «Кудайдын кишиси, мага кандай каршылыгың бар? Сен менин күнөөлөрүмдү эсиме салып, баламды өлтүргөнү келдиңби?» – деди.
19 Илияс аялга: «Мага уулуңду бер», – деди. Анан ал аялдын колунан баланы алып, өзү жашаган үстүңкү бөлмөгө алып барып, төшөгүнө жаткырды.
20 Анан Теңирди чакырып, мындай деди: «Кудай-Теңирим! Мен үйүндө жашап жаткан бул жесир аялга да жамандык кылып, уулун өлтүрүп коёсуңбу?»
21 Анан ал баланын үстүнө үч жолу жатып, Теңирди чакырып, мындай деди: «Кудай-Теңирим! Бул баланын жаны өзүнө кайтсын!»
22 Теңир Илиястын үнүн укту. Баланын жаны өзүнө кайтып келди, ал тирилди.
23 Илияс баланы өз бөлмөсүнөн алып түшүп, энесине берип: «Карачы, сенин уулуң тирүү», – деди.
24 Ошондо ал аял Илияска мындай деди: «Сенин Кудайдын кишиси экениңди, сен, чын эле, Теңирдин сөзүн сүйлөп жатканыңды мен эми билдим».