1 Кудай-Теңир мага мындай көрүнүш көрсөттү: «Мына, жайкы чөп чыга баштаганда, Теңир чегирткени жаратты. Ал чөп падышанын чөп чабыгынан кийин чыккан чөп эле.
2 Чегиртке жердеги чөптөрдү жеп бүткөндө, мен: «Кудай-Теңир, ырайым кыла көр. Жакып кантип туруштук берет? Ал эң эле кичине», – дедим.
3 Ошондо Теңир өкүнүп: «Андай болбойт», – деди.
4 Кудай-Теңир мага мындай көрүнүш көрсөттү: «Мына, жазалаш үчүн, Кудай-Теңир от чыгарды, ошондо ал от түпкүрдөгү чоң сууларды, жердин бир бөлүгүн жалмады».
5 Ошондо мен: «Кудай-Теңирим, токтото көр! Жакып кантип туруштук берет? Ал эң эле кичине», – дедим.
6 Ошондо Теңир өкүнүп: «Бул да болбойт», – деди.
7 Ал мага мындай көрүнүш көрсөттү: Мына, Теңир тик дубал үстүндө турат, Анын колунда жипке асма коргошун салмоор бар.
8 Теңир мага: «Амос, сен эмнени көрүп турасың?» – деди. Мен: «Жипке асма салмоорду», – деп жооп бердим. Анан Теңир мындай деди: «Мына, Мен Өз элим Ысрайылдын ортосуна жипке асма салмоор коём. Мындан ары ага кечирим кылбайм.
9 Ыскактын курмандык чалынуучу бийиктиктери кыйратылат, Ысрайылдын ыйык жайлары талкаланат. Жаробамдын тукумуна кылыч менен каршы чыгам».
10 Бейтелдин ыйык кызмат кылуучусу Аматсия Ысрайылдын падышасы Жаробамга мындай деп айттырды: «Амос Ысрайылдын арасында сага каршы козголоң чыгарып жатат. Анын бүт сөздөрүнө жер чыдай албайт.
11 Анткени Амос мындай деп жатат: “Жаробам кылычтан өлөт, Ысрайыл болсо өз жеринен сөзсүз туткундалып кетет”».
12 Анан Аматсия Амоско мындай деди: «Көрөгөч! Тезинен кет, Жүйүт аймагына кач. Ошол жерде нан жеп, ошол жерде пайгамбарлык кыл.
13 Ал эми Бейтелде мындан ары пайгамбарлык кылба, анткени бул жер – падышанын ыйык жайы, падышанын үйү».
14 Ошондо Амос Аматсияга мындай деп жооп берди: «Мен пайгамбар эмесмин, пайгамбардын уулу да эмесмин. Мен койчу болчумун, тыт жыгачын өстүрчүмүн.
15 Бирок Теңир мени кой короодон алып, мага мындай деди: “Бар, Менин элим Ысрайылга пайгамбарчылык кыл”.
16 Эми Теңирдин сөзүнө кулак сал. Сен мага: “Ысрайылга пайгамбарчылык кылба, Ыскакка сөз сүйлөбө”, – деп жатасың.
17 Ошон үчүн Теңир мындай дейт: “Шаарда сенин аялың бузуктук кылат. Уулдарың менен кыздарың кылычтан өлөт. Сенин жериң жер бөлгөн аркан менен бөлүнөт, өзүң болсо таза эмес жерде өлөсүң, Ысрайыл да өз жеринен, сөзсүз, куулуп чыгат”».