меню

Галатиялыктарга кат 5 Бөлүм


1 Машаяк бизге эркиндик берип, биз эми эркинбиз! Эркиндигиңерди колдон чыгарбай, өзүңөрдү кайрадан кул болуудан сактагыла.

2 Уккула, мен, Пабыл, силерге мындай дейм: эгерде силер сүннөткө олтургузууга макул болсоңор, анда Машаяктын кылганы силер үчүн бардык маани-маңызын жоготот.

3 Дагы эскертем: ким сүннөткө олтургузулса, ал Тоорат мыйзамын да толугу менен аткарууга милдеттүү болуп калат.

4 Тоорат мыйзамы аркылуу акталам дегендер, силер өзүңөрдү Машаяктан ажыратып, Кудайдын ырайымынан кур жалак калдыңар.

5 Биз болсо ишенимге ээ болуп, Рухтун колдоосу менен Кудайдан келе турган акталууну чыдамсыздык менен күтүп жатабыз.

6 Ыйса менен бирге болсок, анда сүннөткө олтурган-олтурбаганыбыздын эч мааниси жок. Маанилүүсү — сүйүү аркылуу көрүнгөн ишенимибиз гана.

7 Силер жакшы бараттыңар эле, чындыкка шек келтирип, жолуңарды бөгөгөн ким?

8 Албетте, силерди Өзүнө чакырып алган Кудай эмес.

9 «Бир кумалак бир карын майды чиритет» деген сөздү унутпагыла.

10 Кантсе да, Эгебиз менен бирге болгонубуздан улам, мен силердин башка ойго өтүп кетпесиңерге ишенем. Ал эми силерди адаштырып жаткан ким болбосун, ал өзүнүн тийиштүү жазасын алат.

11 Боордошторум, эгерде мен дагеле сүннөткө олтургузуунун керек экенин жарыялап жаткан болсом, анда неге дагеле куугунтукта жүрөм? Ошондой болсо, Машаяктын айкаш жыгачын жар салганым эч кыйынчылык туудурбайт эле го.

12 Башыңарды айландырып жаткандар өздөрүн биротоло бычып салышса болмок!

13 Боордошторум, Кудай силерди эркин болууга чакырган. Бирок эркиндигиңерге шылтап, өзүңөрдү күнөөлүү табиятыңардын кумарын кандырууга жумшабагыла! Андан көрө, бири бириңерге сүйүү менен кызмат кылгыла.

14 Анткени бүтүндөй Тоорат мыйзамы «Башкаларды өзүңдү сүйгөндөй сүй»деген сөзгө камтылган.

15 Ал эми бири бириңди жутуп ийчүдөй болуп, кемирип-кесе берсеңер, абайлагыла, акыры бириңди бириң жок кылып тынасыңар.

16-17 Ошондуктан силерге айтарым: күнөөлүү табиятыңардан чыккан кумарларга берилип кетпес үчүн, Рухтун жетегине баш ийип жашагыла, себеп дегенде күнөөлүү табиятыбыздын каалаганы — Рухка, Рухтун каалаганы — күнөөлүү табиятыбызга каршы. Алардын каршылашканынан улам силер өз каалаганыңарды кыла албайсыңар.

18 Рухтун жетегинде болсоңор, анда силер Тоорат мыйзамынын алдында эмессиңер.

19 Күнөөлүү табиятыбыздын кылыктары белгилүү. Бул — бузукулук, ыпластык, уятсыздык,

20 бутпарастык, көз боёмочулук, касташуу, уруш-талаш, кызгануучулук, кыжырлануу, кекирейгендик, жик салгандык, бөлүнүүчүлүк;

21 көрө албастык, масчылык, айбанчылык жана башка ушул өңдүүлөр. Мурда эскерткенимдей, дагы эскертем: мындай кылгандар Кудай Падышачылыгына мураскор боло албайт.

22-23 Рухтун жемиштери болсо сүйүү, кубаныч, тынчтык, сабырдуулук, кайрымдуулук, кең пейилдик, ишенимдүүлүк, мээрбандык, өзүн өзү кармай билүү. Буларга каршы мыйзам жок.

24 Ким Ыйса Машаякка таандык болсо, ал өзүнүн күнөөлүү табиятын бардык кумар-ышкылары менен кошо айкаш жыгачка керип салган.

25 Биз Рух аркылуу өмүргө ээ болгон соң, өзүбүздү толугу менен Рухтун жетегине тапшырып жашайлы!

26 Ошентип, кекирейбейли, бири бирибизди ызалантпайлы жана бири бирибизге көрө албастык менен мамиле кылбайлы.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6