Жунус | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Жунус 3 Бөлүм

тез өтүү:

1 Анан Жунуска Теңирден экинчи жолу сөз болду:

2 «Тур, улуу шаар Нинебиге бар, Мен сага эмнени буйрусам, ошонун баарын ошол шаарда жарыяла».

3 Ошондо Жунус туруп, Теңирдин сөзү боюнча Нинебиге жөнөдү. Нинеби Кудайдын улуу шаары эле, анын башынан аягына чейин жөө басканда үч күндүк жол эле.

4 Жунус шаарды аралап, бир күндө канча жол басууга мүмкүн болсо, ошончо жол басып: «Кырк күндөн кийин Нинеби талкаланат», – деп жар салды.

5 Ошондо нинебиликтер Кудайга ишенип калышты, орозо жарыялашты, кичинесинен чоңуна чейин зумбал кийишти.

6 Бул сөз Нинеби падышасына жетти, ошондо ал тагынан туруп, үстүндөгү падыша кийимин чечип, зумбал кийип, күлгө отурду.

7 Анан падыша өзүнүн жана төрөлөрүнүн атынан Нинебиде мындай деп жар салууну буйрук кылды: «Адам да, мал да, өгүз да, кой да эч нерсе жебесин, жайытка чыкпасын, суу да ичпесин.

8 Адамдар да, мал да зумбал жамынып, Кудайга боздоп жалынышсын, ар бири өзүнүн жаман жолунан, зордук-зомбулук иштеринен баш тартсын.

9 Ким билет, балким, Кудай боорукердик кылып, Өзүнүн бизге каршы жалындаган каарынан кайтар, биз өлбөй каларбыз».

10 Ошондо Кудай алардын иштерин, жаман жолунан бурулганын көрүп, аларга алаамат түшүрөм деп айткан сөзүнө өкүнүп, алаамат түшүргөн жок.