Жеремиянын Ыйы | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Жеремиянын Ыйы 5 Бөлүм

тез өтүү:

1 Теңир, биздин башыбызга эмне түшкөнүн эсте. Көз кырыңды сал, биздин кордолгонубузду кара:

2 Биздин мурасыбыз чоочун элге өттү, үйлөрүбүз бөтөн урууларга өттү.

3 Биз атасыз жетим калдык, энелерибиз жесирлердей болуп калышты.

4 Биз өзүбүздүн суубузду күмүшкө сатып алып ичип жатабыз, өз отундарыбызды акчага алып жатабыз.

5 Мойнубузга моюнтурук салып айдап алышты, биз иштеп жатабыз, бизде эс алуу жок.

6 Нанга тоюш үчүн мисирликтер менен ашурлуктарга колубузду сунуп жатабыз.

7 Биздин ата-бабаларыбыз күнөөгө батышкан, азыр алар жок. Алардын мыйзамсыздыктары үчүн биз жазаланып жатабыз.

8 Бизге кулдар үстөмдүк кылып жатышат, бизди алардын колунан куткарып алчу эч ким жок.

9 Өмүрүбүздү кылыч коркунучуна салып, чөлдө өзүбүзгө нан таап жатабыз.

10 Жанга баткан ачкачылыктан терибиз мештей карарып кетти.

11 Сиондо аялдардын, Жүйүт шаарларында кыздардын абийирин булгап жатышат.

12 Төрөлөрдү асышты, аксакалдарды урматташкан жок.

13 Уландарды тегирмен таштарын айлантууга алып жатышат, өспүрүмдөр көтөргөн отундарынын оордугунан жыгылып жатышат.

14 Аксакалдар дарбаза алдында отурбай калышты, уландар ырдабай калышты.

15 Жүрөгүбүз кубанбай калды, ыр-бийлерибиз кайгы-муңга айланды.

16 Башыбыздан таажы түштү. Бизге кайгы, анткени биз күнөөгө баттык!

17 Мына ошон үчүн жүрөгүбүз кыйналып жатат, ошон үчүн көздөрүбүз тунарды.

18 Сион тоосу ээн калгандыктан, түлкүлөр жойлоп жүрөт.

19 Сен, Теңир, түбөлүктүүсүң. Сенин тагың укумдан-тукумга турат.

20 Эмне үчүн бизди таптакыр эсиңден чыгарып салдың? Эмне үчүн бизди узак убакытка таштап койдуң?

21 Теңир, бизди Өзүңө кайры, ошондо биз Сага кайрылабыз. Биздин күндөрүбүздү байыркы күндөрдөгүдөй кылып жаңырт.

22 Чын эле, Сен бизди биротоло четке кагып салдыңбы, бизге катуу каардандыңбы?