Малахия | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Малахия 4 Бөлүм

тез өтүү:

1 «Анткени мына, мештей алоолонгон күн келе жатат. Ошондо бардык текеберлер менен мыйзамсыз иш кылгандар саман сыяктуу болушат, аларды келе жаткан күн өрттөп кетет, – дейт Себайот Теңир, – алардын тамырын да, бутагын да калтырбайт.

2 Силер үчүн болсо, Менин ысымымдын алдында коркуп тургандар, чындыктын Күнү чыгат, Анын нурларында айыгуу бар, силер чыгып, семиз букачарлардай оюн саласыңар.

3 Мыйзамсыздарды тебелеп-тепсейсиңер, анткени алар Мен белгилеген ошол күнү силердин бутуңардын астында топурак болуп калышат, – дейт Себайот Теңир.

4 Менин кулум Мусанын мыйзамын унутпагыла. Мен ага ал мыйзамды, ошондой эле буйруктар менен көрсөтмөлөрдү Хореп тоосунда бүт Ысрайыл үчүн бергем.

5 Теңирдин улуу жана коркунучтуу күнү келер алдында Мен силерге Илияс пайгамбарды жиберем.

6 Мен келип, жер жүзүн каргыш менен жок кылбашым үчүн, ал аталарынын жүрөгүн уулдарына, уулдарынын жүрөгүн аталарына бурат».