Некемия | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Некемия 6 Бөлүм

тез өтүү:

1 Менин дубалды куруп бүткөнүм жана бузулган жерлердин оңдолуп бүткөнү Санбалаттын да, Тобиянын да, аравиялык Гешемдин да кулагына жетти. Бирок дарбазалардын эшиктерин коё элек болчумун.

2 Ошондо Санбалат менен Гешем мага киши жиберип: «Кел, Оно түздүгүндөгү бир кыштактан кездешели», – деп айттырышты. Алар мага кыянаттык кылууну ойлошту.

3 Бирок мен аларга элчилерди жөнөтүп: «Мен чоң иш менен алек болуп жатам, бара албайм. Эгер жумушумду таштап, силер менен жолугуша турган болсом, анда иш токтоп калат», – деп айттырдым.

4 Алар ушундай деп айттырып, мага төрт жолу киши жиберишти, мен аларга мурдагыдай эле жоопту бердим.

5 Ошондо Санбалат мага бешинчи ирет өз кызматчысын жөнөттү, колунда ачык кат бар экен.

6 Анда мындай деп жазылыптыр: «Эл арасында мындай сөздөр айтылып жүрөт, Гешем да айтып жатат: Сен да, жүйүттөр да бөлүнгөнү жаткан экенсиңер, алардын айтымына караганда, аларга падыша болом деп, дубалды куруп жатыптырсың.

7 Өзүң жөнүндө: “Жүйүт падышасы, мына!” – деп жарыялатыш үчүн, Иерусалимге пайгамбарларды да коюптурсуң. Мындай сөздөр падышага да жетип калат. Ошондуктан сөзсүз кел, чогуу кеңешели».

8 Бирок мен ага киши жөнөтүп: «Сенин айткандарыңдын бири да болгон эмес. Сен муну өз акылың менен ойлоп тапкансың», – деп айттырдым.

9 Анткени алар: «Алардын ындыны өчүп, бул ишти аягына чыгара албай калышат», – деп, бизди коркутушкан. Бирок ошенткен сайын мен ого бетер кайраттандым.

10 Мен Мейтабел уулу болгон Делаянын уулу Шемаянын үйүнө келдим, ал эшиктерди бекитип: «Кудайдын үйүнө барып, ийбадаткананын ичине кирип, эшикти бекитип алалы. Анткени алар сени өлтүргөнү жатышат, алар сени өлтүрүү үчүн түндө келишет», – деди.

11 Бирок мен: «Мендей адам кантип качсын? Мендей адам тирүү калам деп, ийбадатканага кантип кирсин? Барбайм», – дедим.

12 Ал мага пайгамбардай сүйлөсө да, аны Кудай жибербегенин, аны Тобия менен Санбалат сатып алышканын билгем.

13 Анткени аны мени коркутуш үчүн, ушинтип күнөөгө батырыш үчүн, мени жаманатты кылып, ошонун айынан мени жемелеп, куугунтукка алыш үчүн сатып алышкан.

14 Оо Кудайым, Тобия менен Санбалаттын ушул иштерин унута көрбө, мени коркуткусу келген пайгамбар аял Ноядияны жана башка пайгамбарларды да унута көрбө!

15 Дубал Элул айынын жыйырма бешинчи күнү, элүү эки күндө курулуп бүттү.

16 Бул тууралуу бүт душмандарыбыз укканда жана биздин тегерегибиздеги бүт элдер көргөндө, алар абдан коркуп калышты, бул ишти биздин Кудай кылганын билишти.

17 Кала берсе, ошол күндөрү жүйүттөрдүн атактуу адамдары катты көп жазып, Тобияга жөнөтүп турушту, Тобиядан да аларга кат келип жатты.

18 Анткени Жүйүт аймагындагы көп адамдар ага ант беришип, бир келишимде болушту, себеби ал Арах уулу Шеханиянын күйөө баласы эле. Анын уулу Жоханан Берехия уулу Мешуламдын кызын алган.

19 Атүгүл, менин көзүмчө анын кең пейилдигин кеп кылышчу, менин сөздөрүм да ага жеткирилип турчу. Тобия мени коркутуш үчүн, кат жөнөтүп турду.