Рут | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Рут 1 Бөлүм

тез өтүү:

1 Башкаруучулар башкарып турган күндөрү Жүйүт аймагында ачарчылык болду. Жүйүт аймагынын Бейт-Лехем шаарынан бир киши аялы, эки уулу менен Маап талааларына жашаганы кетти.

2 Ал кишинин ысымы Элимелек, аялынын ысымы Наами, ал эми эки уулунун ысымдары Махлон жана Килийон эле. Алар Жүйүт жеринин Бейт-Лехеминен чыккан эфраталыктар эле. Алар Маап талааларына келип, ошол жерде калышты.

3 Нааминин күйөөсү Элимелек көз жумуп, Наами эки уулу менен калды.

4 Алар Маап кыздарынан аял алышты. Биринин ысымы Орпа, экинчисинин ысымы Рут эле. Алар ошол жерде он жылга жакын жашашты.

5 Бирок анын эки уулу тең, Махлон да, Килийон да көз жумду. Ал аял эки уулу менен күйөөсүнөн ажырап, жалгыз калды.

6 Ошондо ал келиндери менен Маап талааларынан чыгып, кайра өз жерине жөнөдү, анткени Маап талааларында жашап турганда, Кудай Өз элине келгенин, аларга нан бергенин укту.

7 Ал жашап турган жеринен чыкты, аны менен кошо эки келини да жөнөдү. Жүйүт жерине кайтып бара жаткан жолдо Наами эки келинине:

8 «Баргыла, ар бириңер өз энеңердин үйүнө кайткыла. Маркумдарга жана мага кылганыңарга жараша Теңир силерге ырайым кылсын!

9 Теңир батасын берип, экөөң тең күйөөгө чыгып, баш паана тапкыла!» – деди. Анан аларды өптү, бирок алар буркурап ыйлап:

10 «Жок, биз сени менен кошо сенин элиңе кайтабыз», – дешти.

11 Наами болсо мындай деди: «Кайткыла, кыздарым. Мени менен барып эмне кыласыңар? Менин ичимде силерге күйөө боло турган балдарым бар бекен?

12 Кайткыла, кыздарым, баргыла. Мен эми күйөөгө тийгидей, жаш эмесмин. Эгерде мен: “Менден дагы эле үмүттөнсөңөр болот”, – десем да, атүгүл, ушул түнү күйөөм менен болуп, уулдуу болсом да,

13 алар чоңойгуча, күтүп отурмак белеңер? Күйөөгө чыкпай жүрө бермек белеңер? Жок, кыздарым, силерди ойлоп, аябай капаланып жатам, анткени Теңирдин колу мага каршы көтөрүлдү».

14 Алар кайрадан буркурап ыйлай башташты. Ошондо Орпа кайын энеси менен коштошту, Рут болсо аны менен калды.

15 Наами Рутка: «Мына, келиниң өз элине, өз кудайларына кайтты. Келиниңдин артынан сен да кайт», – деди.

16 Бирок Рут: «Сени таштап, кайтып кетүүгө мени мажбурлаба. Сен кайда барсаң, мен да ошол жакка барам; сен кайсы жерде жашасаң, мен да ошол жерде жашайм. Сенин элиң менин элим, сенин Кудайың менин Кудайым болот.

17 Сен кайсы жерде өлсөң, мен да ошол жерде өлөм, сөөгүм ошол жерге коюлат. Теңир мени жазаласын, катуу жазаласын. Мени сенден өлүм гана ажыратат», – деди.

18 Наами Руттун өзү менен бирге кетүүнү бекем чечкенин көрүп, көндүргөнүн токтотту.

19 Ошентип, экөө Бейт-Лехемге чогуу келишти. Алар Бейт-Лехемге келгенде, бүт шаар кыймылга келип: «Бул Наамиби?» – дешти.

20 Наами аларга: «Мени Наамидеп чакырбагыла, мени Марадеп чакыргыла, анткени Бардыгын Кармап Туруучу мени оор кайгыга салды.

21 Мен бул жактан түгөл кеткем, бирок Теңир мени куру кол кайтарды. Теңир мени айыптаган соң, Бардыгын Кармап Туруучу башымды кайгыга салган соң, мени Наами деп чакыруунун эмне кереги бар?» – деди.

22 Ошентип, Наами кайтып келди. Аны менен кошо Маап талааларынан келген мааптык келини Рут кайтып келди. Алар Бейт-Лехемге арпа орула баштаганда келишти.