Захария | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Захария 13 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ошол күнү Дөөт тукумуна жана Иерусалим тургундарына күнөө менен ыпыластыкты жууй турган булак ачылат.

2 «Ошол күнү мындай болот, – дейт Себайот Теңир, – Мен бул жерден жасалма кудайлардын ысымдарын жок кылам, алар мындан ары эскерилбейт, ошондой эле жалган пайгамбарлар менен таза эмес рухту бул жерден жок кылам.

3 Ошондо ким пайгамбарчылык кыла турган болсо, анда ага өзүнүн атасы менен энеси: “Сен жашабашың керек, анткени сен Теңирдин ысымы менен жалган сүйлөп жатасың”, – деп айтышат. Ал пайгамбарчылык кылганда, аны өзүнүн атасы менен энеси өлтүрүп салышат.

4 Ошол күнү мындай болот: пайгамбарлар уят болушат, пайгамбарчылык кылып жатканда, ар бири өзү көргөн көрүнүшү үчүн уят болот, ошондон кийин алар алдаш үчүн кийген өздөрүнүн кыл чапанын кийбей калышат.

5 Алардын ар бири: “Мен пайгамбар эмесмин, дыйканмын, анткени мени бала чагымда эле бир адам кул кылып алган”, – дейт.

6 Андан: “Эки колуңдун ортосундагы эмнеден болгон жарааттар?” – деп сурашат. Ошондо Ал: “Мени сүйгөндөрдүн үйүндө Мени сабашты”, – деп жооп берет.

7 О кылыч! Менин койчума каршы, Менин жакыныма каршы көтөрүл! – дейт Себайот Теңир, – койчуну өлтүр, ошондо койлор туш-тушка чачырайт! Мен колумду кичинелерге каршы бурам.

8 Бүт жер жүзүндө мындай болот: жер үстүндө жашагандардын үчтөн эки бөлүгү жок кылынат, ал эми үчтөн бир бөлүгү аман калат, – дейт Теңир.

9 Бул үчтөн бир бөлүктү отко салып, күмүштү эриткендей эритем, алтынды тазалагандай тазалайм. Алар Менин ысымымды чакырышат, Мен аларга жооп берем, “Бул Менин элим!” – деп айтам. Алар болсо: “Теңир менин Кудайым!” – дешет».