1 Жүйүт падышасы, Амон уулу Жошиянын тушунда Жехиския уулу, Амария уулу, Гедалия уулу, Куши уулу Сепанияга Теңирден болгон сөз.
2 «Бардыгын жер үстүнөн жок кылам, – дейт Теңир:
3 Адамдарды да, жаныбарларды да, асман канаттууларын да, деңиз балыктарын да жок кылам, мыйзамсыздарды азгырыктары менен кошо жок кылам. Адамдарды жер үстүнөн жок кылам, – дейт Теңир.
4 Мен Өз колумду Жүйүткө жана Иерусалимдин бардык тургундарына каршы сунам. Бул жерден Баалдын калдыгын, анын кызматчыларынын ысымын буткана кызматчылары менен кошо жок кылам.
5 Үйдүн үстүндө туруп алып, асман кошуундарына табынгандарды, Теңир менен ант бергендерди, өздөрүнүн падышалары менен ант бергендерди жок кылам.
6 Теңирден баш тарткандарды, Теңирди издебегендерди, Ал жөнүндө сурабагандарды жок кылам.
7 Кудай-Теңирдин алдында унчукпа, анткени Теңирдин күнү жакын. Чалына турган курмандыкты Теңир даярдап койгон, кимди чакырууну белгилеп койгон.
8 Теңирдин курмандык чалына турган күнү мындай болот: Мен төрөлөрдү, падышанын уулдарын жана бөтөн уруулардын кийимин кийгендердин бардыгын жазалайм.
9 Мен ошол күнү босогодон секирип өткөндөрдүн баарын, өз Теңиринин үйүн зордук-зомбулукка, алдамчылыкка толтургандардын баарын жазалайм.
10 Ошол күнү, – дейт Теңир, – Балык дарбазасынын алдында ый, башка дарбазалардын алдында өкүрүк, дөбөлөрдө чоң кыйроо болот.
11 Шаардын төмөнкү бөлүгүндө жашагандар, боздоп ыйлагыла, анткени соода-сатык кылган эл бүт бойдон жок болот, күмүштүн түйшүгүн тарткандар кырылат.
12 Ошол учурда мындай болот: Мен Иерусалимди чырактан менен карап чыгам да, өздөрүнүн ачыткысынын үстүндө отуруп алып, ичинен “Теңир жакшылык да, жамандык да кылбайт” дегендерди жазалайм.
13 Алардын байлыгы олжого кетет, үйлөрү ээн калат: үйлөрдү салышат, бирок ал үйлөрдө жашашпайт, жүзүмдүктөрдү отургузушат, бирок алардын шарабын ичишпейт.
14 Теңирдин улуу күнү жакын, жакын калды, абдан шашып келе жатат. Теңир күнүнүн добушу угулуп жатат. Ошондо эң күчтүү да ачуу кыйкырат!
15 Ал күн – каардын, кайгы менен кысымчылыктын, кыйроо менен бүлгүн-чапкындын, караңгы менен туңгуюктун, булут менен мунарыктын,
16 сепил-чептүү шаарларга жана бийик мунараларга каршы сурнай тартуу жана согуш ураандарын чакыруу күнү.
17 Мен адамдарды кысымга алам, ошондо алар сокурларга окшоп басып калышат, анткени алар Теңирге каршы күнөө кылышты, алардын каны топурактай, денелери кыктай туш-тушка чачылат.
18 Теңирдин каары төгүлгөн күнү аларды күмүшү да, алтыны да куткара албайт, бул жер бүт бойдон Анын кызганычынын оту менен өрттөлөт, анткени Ал бул жерде жашагандардын бардыгын күтүлбөгөн жерден кырып жок кылат».