меню

Жакандын биринчи билдирүүсү 3 Бөлүм

тез өтүү:

1 Карагылачы, бизди балдарым деп, Кудай Атабыз кандай чоң сүйүүсүн көрсөткөн. Биз чынында эле Анын балдарыбыз. Бул дүйнөнүн бизди кабыл албаган себеби — Ыйсаны таанып-билген эмес.

2 Сүйүктүүлөрүм, азыр биз Кудайдын балдарыбыз жана келечекте ким болорубуз али так анык эмес. Ошондой болсо да, Ыйса кайра көрүнгөндө Ага окшоп каларыбызды билебиз, анткени Анын кандай экенин көрүп калабыз.

3 Ушундай үмүт менен жашаган ар бир адам Ыйсадай таза болуш үчүн, өзүн да тазалап турат.

4 Күнөө кылган ар адам Кудайдын мыйзамын бузат, анткени күнөө — бул Кудайдын мыйзамын бузгандык.

5 Ыйсанын күнөөлөрдү Өз мойнуна алуу үчүн бул дүйнөгө көрүнгөнүн жана Анын Өзүндө эч кандай күнөө жок экенин силер билесиңер.

6 Ким Ыйса менен тыгыз мамиледе жашаса, ал күнөө кылбайт. Күнөө кылуучу ар адам Ыйсаны такыр таанып-билген эмес.

7 Балдар, эч ким силерди ак жолдон адаштырбасын. Адил жашаган ар ким Ыйсанын Өзү сыяктуу адил.

8 Ким күнөө кыла берсе, анда ал ибилистин жетеги менен жашайт, анткени ибилис башынан бери эле күнөө кылып келатат. Кудай болсо Өз Уулун ибилистин иштерин талкалоо үчүн ушул дүйнөгө көрсөттү.

9 Кимдин атасы Кудай болсо, ал күнөө жасай бербейт, анткени анын жан-тенинде Кудай жашайт. Ал күнөө жасай да албайт, анткени Кудайдын баласы.

10 Кудайдын балдарын ибилистин балдарынан мындайча ажыратып билсек болот: адил өмүр сүрбөгөн, андан да, өз боордошун сүйбөгөн адам Кудайдын баласы эмес.

11 Силер эң башында уккан кабар бул: биз бири бирибизди сүйүшүбүз керек.

12 Азгыруучунун ишин кылып өз инисин өлтүргөн Кабыл өңдүү болбойлу! Ал өз инисин эмне үчүн өлтүрдү? Анткени жасаган иши жаман болчу, ал эми инисиники Кудай алдында жакшы эле.

13 Боордоштор, эгер бул дүйнө силерди жек көрүп жатса, таң калбагыла!

14 Биз өлүмдөн өмүргө өтүп кеткенибизди билебиз, анткени боордошторубузду сүйөбүз. Ал эми боордошторун сүйбөгөн адам али өлүм кучагында.

15 Өз боордошун жек көргөн ар бир адам — киши өлтүргүч. Ал эми силер билесиңер: киши өлтүрүүчүнүн бири да Кудай берчү түбөлүк өмүргө ээ эмес.

16 Сүйүүнүн кандай экенин мындан билебиз: Ыйса биз үчүн Өз жанын кыйды. Биз да өз боордошторубуз үчүн жаныбызды кыйышыбыз керек.

17 Эгер оокаттуу бир адам боордошунун муктаждыгын көрүп туруп, кайрым кылбаса, анда кантип анын ичинде Кудайдын сүйүүсү жашасын?

18 Балдар, сөз жана тил менен эмес, иш жүзүндө чындап сүйөлү.

19 Өзүбүздүн акыйкаттын жетегинде экенибизди ушундан билебиз жана жүрөгүбүздү Кудай алдында тынчтандырабыз.

20 Бизди жүрөгүбүз айыптап жатса да, баарын билген Кудай биздин жүрөгүбүздөн да бийик Айыптоочу.

21 Сүйүктүүлөрүм, эгерде бизди жүрөгүбүз айыптабаса, анда Кудай алдында жүзүбүз жарык болот

22 жана Андан эмне сурасак да алабыз, анткени Анын осуяттарын сактап, каалоолорун аткарып жүрөбүз.

23 Кудайдын осуяты — бул Анын Уулу Ыйса Машаяктын атына ишенип, Ал калтырган осуяттагыдай бири бирибизди сүйүшүбүз.

24 Кудайдын осуяттарын сактап өмүр сүргөн адам Кудай менен бирге, ал эми Кудай болсо аны менен бирге жашайт. Кудайдын биз менен бирге жашап жаткандыгын Анын бизге берген Рухунан билебиз.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5