меню

Жакандын биринчи билдирүүсү 5 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ким Ыйсанын Машаяк экенине ишенсе, ал Кудайдын баласы. Атасын сүйгөндөр баласын да сүйөт.

2 Кудайдын балдарын сүйөрүбүздү Анын Өзүн сүйгөндүгүбүздөн жана осуяттарын сактаганыбыздан билебиз.

3 Кудайдын осуяттарын сактаганыбыз — Аны сүйгөндүгүбүз. Кудайдын осуяттарын сактоо болсо оор эмес.

4 Ким Кудайдын баласы болсо, бу дүйнөнү жеңет. Бул дүйнөнү биз ишенимибиз менен жеңебиз.

5 Бу дүйнөнү Ыйсанын Кудай Уулу экенине ишенүүчү адамдан башка ким жеңе алат? Эч ким!

6 Ыйса Машаяк бизге келгенде сууга чөмүлүү расмисинен өткөн да канын төккөн. Суу эле эмес, суу жана кан аркылуу келген. Ыйык Рух буга күбө. Анткени Ыйык Рух — акыйкаттын өзү.

7 Демек, үч күбө бар:

8 Рух, суу жана кан. Үчөөнүн айтканы бирдей.

9 Биз пенделердин күбө сөздөрүн кабыл алып жүрөбүз, ал эми Кудайдыкы болсо алардыкынан салмактуураак, анткени Ал бизге Өз Уулу тууралуу айткан.

10 Кудай Уулуна ишенген адамдын дилинде Кудайдын ушул сөзү жашайт. Кудайга ишенбеген адам Аны калпычы кылып көрсөтөт, анткени Кудайдын Өз Уулу тууралуу айткан сөзүнө ишенбейт.

11 Мына, бул Кудайдын сөзү: Кудай бизге түбөлүк өмүр берди жана бул өмүр Анын Уулунда.

12 Дилинде Кудай Уулу жашаган адамда өмүр бар, ал эми дилинде Кудай Уулу жашабаган адамда өмүр жок.

13 Мен бул сөздөрдү Кудай Уулуна ишенген силер түбөлүк өмүргө ээ болгонуңарды билип алсын деп жаздым.

14 Кудайдын эркине жаккан бир нерсе сурасак, Ал бизди угат деп терең ишенебиз.

15 Эмне сурасак да бизди уккандыгын билсек, демек, сураганыбызды бергендигин да билебиз.

16 Боордошунун өлүмгө алып барбай турган күнөө кылып жатканын көргөн адам ошол үчүн сурансын, ошондо Кудай анын өмүрүн сактап калат. Сурансын дегенде өлүмгө алып барчу күнөө жөнүндө айткан жокмун.

17 Адилсиздиктин баары күнөө, бирок өлүмгө алып барбай турган да күнөө бар.

18 Биз кимдин атасы Кудай болсо, ал күнөө жасай бербесин билебиз. Кудай Уулу аны сактагандыктан азгыруучу ага зыян кыла албайт.

19 Биз өзүбүздүн Кудайдын жетегинде экенибизди жана бүткүл дүйнө азгыруучунун бийлиги алдында жатканын билебиз.

20 Кудай Уулу келип, чыныгы Бирөөнү таанып-билгенге бизге акыл-эс бергенин билебиз. Ошондой эле, биз өзүбүздүн чыныгы Бирөө менен, башкача айтканда, Кудайдын Уулу Ыйса Машаяк менен тыгыз байланышта экенибизди билебиз. Чыныгы Кудай жана түбөлүк өмүр — Ошол.

21 Балдар, буркандардан сак болгула.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5