меню

Тиметейге 1 кат 3 Бөлүм


1 Ким жыйында жетекчи болууну эңсесе, эң жакшы иш каалаганы деген калыс сөз бар.

2 Жыйын жетекчиси жүрүм-турумунда эч айыбы жок, бир эле аялы бар, эстүү, өзүн өзү кармай билген, адептүү, меймандос, таалим берүүгө ийкемдүү болушу керек.

3 Ал ичкиликке берилбеген, ачууга алдырбаган, кичи пейил, урушуп-керишпеген, акчага суктук кылбаган,

4 ошондой эле өз үй-бүлөсүн жакшы башкарган жана балдарынын урмат-сыйына татып, аларды тил алчаак кылып тарбиялоого жетише алган адам болууга тийиш.

5 Себеп дегенде өз үй-бүлөсүн башкара албаган неме Кудай жыйынынын камын көрө алмак беле?

6 Жыйын жетекчиси Кудайга жаңы эле ишенген адам да болбошу керек. Антпесе ал көөдөнүн көтөрүп, ибилис калган жазага кабылышы мүмкүн.

7 Ошону менен бирге ал жыйындан тышкаркы элдин ичинде да кадыр-барктуу болууга тийиш. Антпесе сөзгө калып, шайтандын тузагына түшүшү мүмкүн.

8 Ошондой эле жыйындагы жардамчылар да олуттуу, эки жүздүүлөнбөгөн, масчылыкка берилбеген, өз пайдасын көздөбөгөн;

9 чыныгы ишенимдин аларга ачылып берилген купуя сырын бек карманып, абийирин таза сактаган адамдар болууга тийиш.

10 Алар эң алды сыналып, сыноодон өткөндөн кийин гана биротоло жардамчылык ишке алынышы керек.

11 Ошол сыяктуу аял жардамчылардын[1]да өзүн туура алып жүргөн, ушакчылык менен масчылыктан алыс, бардык ишинде ишенимдүү болгону ылаазым.

12 Жыйын жардамчылары болуп бир гана аялы бар, балдарына туура тарбия берип, үй-жайын жакшы башкара билген адамдар дайындалсын.

13 Себеби жардамчылык кызматын жакшы өтөгөндөр эл ичинде да кадыр-баркка жетишип, Ыйса Машаякка болгон ишеними туурасында да тайманбай сүйлөй алышат.

14 Жакын арада өзүм силерге барып калам деген үмүттөмүн. Бирок ошентсе да, сага ушул көрсөтмөлөрдү жазып коюуну оң көрдүм.

15 Эми кармалып калсам да, Кудай үй-бүлөсүнө кошулгандар катары ишенгендер өздөрүн кандай алып жүрүш керек экенин билгендей болосуң. Кудайдын үй-бүлөсү — бул тирүү Кудайдын жыйыны, ишенимдин тиреги жана пайдубалы.

16 Кудай берген ишенимибизде улуу купуя сыр катылып жатканы айныгыс чындык: Ал жерге адам кейпин кийип келген, Адилдигин Ыйык Рух далилдеген, Асмандан периштелер көрүп Аны, Кабары башка элдерге жеткирилген, Дүйнөгө ишенимдин нуру жанган, Даңкталып, Ал асманга кабылданган.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6