меню

Тиметейге 1 кат 6 Бөлүм

тез өтүү:

1 Кимдир бирөөнүн кулу болгондордун баары, эгерде Кудайдын атына жана биз тараткан окутууга тил тийгизбейли десе, өз төрөлөрүнө бардык жагынан урмат-сый көрсөтүшсүн.

2 Кимдин төрөсү Машаякка ишенген киши болсо, андайлар ээсинин ишенимдеш болгонуна шылтап беделин түшүрүшпөсүн. Андан көрө, ээсинин сүйүктүү боордош экенин билип, ага кайра көбүрөөк дитин коюп кызмат кылышсын. Боордошторуңа мына буларды насаатта.

3 Кимде-ким Эгебиз Ыйса Машаяктын калтырган акыйкат сөздөрүнө жана Кудайга жаккандай жашообузга негиз болчу таалимге макул болбостон, мен насааттап жаткандарымдан бөлөк нерселерди окутса,

4 анда ал көөдөнүн көтөрүп, чындыктын жытын да билбегени. Андайлар үчүн сөзгө асылып талашып-тартышуу менен чатакташуу өзүнчө эле кумар болуп калган. Анткендери болсо кызганыч, жаңжал, жамандашуу, шектенүү гана туудуруп,

5 акылынан айнып, чындыкты унуткан адамдардын түгөнгүс айтышууларынан башка эч нерсеге алып келбейт. Алардын ойлогону Кудайга жармашып, байлыкка жетүү.

6 Албетте, колубузда барына ыраазы болгонго үйрөнсөк, Кудайга ишенгенибиз бизди чыныгы байлыкка ээ кылат.

7 Адам баласы жарык дүйнөгө жылаңач келип, жылаңач кетет эмеспи.

8 Андыктан жээр тамагыбыз, киер кийимибиз бар болсо, ошого каниет кылалы.

9 Жанакы ач кулкумун ойлогондор болсо азгырыкка кирип, өз кумарынын тузагына түшүштү да, акылынан ажырап, өздөрүнө зыян келтирүүдө. Кылган күнөөлөрү аларды апат болор жерге сүйрөп, акыры биротоло ойрон кылат.

10 Анткени бардык күнөөнүн түбү — дүнүйөкорлукта. Кээ бирөөлөр байлыктын артынан сая түшүштү да, ишеним жолунан адашып, баштарына канчалаган кайгыларды үйүштү.

11 Сен болсо, Тиметей, Кудайдын өкүлү экениңди унутпай, булардын баарынан оолак бол. Андан көрө, жан-дилиң менен Кудайга берилүүгө, Ага жаккандай өмүр сүрүүгө, Машаякка болгон ишенимиңди арттырууга, мээримдүү болууга, кыйынчылыктарга алдырбоого жана башкалардын алдында кичи пейил болууга умтул.

12 Туткан ишенимиң үчүн күчүңдүн барынча күрөшүп, түбөлүк өмүр байгесин ут. Кудай сени дал ушундай өмүргө ээ болсун деп чакырган. Канча деген адамдар өз ишенимиңди жалтанбастан ачык жарыялаганыңа күбө болушту.

13 Бардыгына өмүр берген Кудайдын алдында жана Понтий Пилатка алынып келингенде кайраттуулук менен ишенимин ачык жарыялаган Ыйса Машаяктын алдында сага буюрам:

14 берген көрсөтмөлөрүмдү Эгебиз Ыйса Машаяктын келер күнүнө чейин бек карманып, эч ким айыптай албагандай так аткарып жүр.

15 Жеткенде белгиленген мезгил-сааты, Көрсөтөт бардыгына Машаякты Бирден-бир даңазалуу Башкаруучу, Бүтүндөй падышалар Падышасы, Бүтүндөй эгелердин Эгедери,

16 Бирден-бир түбөлүккө Бар болуучу; Ал турат эч ким жеткис жарык-нурда, Эч качан адам Аны көргөн эмес, Ал турсун, көрүүгө да дареметсиз. Урмат-даңк, түбөлүккө күч-кудурет, Бардыгы — жалгыз Ага! Оомийин.

17 Колунда ушул дүйнөнүн байлыгы барларга эскертип кой: менменсинбесин да, өтүп кетер байлыгына ишенбей, андан көрө, жыргалчылыгыбызды ойлогон, бизге ырыс-кешигин үзбөй берип турган айкөл Кудайыбызды медер тутушсун.

18 Жакшылык кылып, жакшы иштерге байышсын деп буюр. Жоомарт болуп, колунда барын башкаларга берүүгө даяр болушсун.

19 Ошондо алар келечегинин бекем пайдубалы болор чыныгы дөөлөттү топтоп, түбөлүк өмүрдү энчилешет.

20 Тиметей, өзүңө ишенип тапшырылгандын баарын сактап жүр. Келжирек, кесир сөздөрдөн жана жалган «билимпоздуктан» келип чыккан талаш-тартыштардан оолак бол.

21 Кээ адамдар ошол өңдүү «билимге» берилип кетип, акыры өздөрү ишеним жолунан адашып калышты. Кудайым баарыңа ырайым кылсын!

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6