Тиметейге 2 кат 1 Бөлүм
1 Машаяк Ыйса менен биримдикте жашагандарга Кудай түбөлүк өмүр тартуу кылгандыгын жар салыш үчүн жиберилип, Анын амири боюнча Эгебиздин элчиси болгон Пабылдан
2 сүйүктүү уулум Тиметейге дубай салам! Ылайым эле Кудай Атабыз менен Эгебиз Ыйса Машаяк сага ырайымдуу жана кайрымдуу болуп, тынччылык берсин!
3 Сени ойлоп, күнү-түнү сыйынганымда, ата-бабаларыма окшоп ак дилимден кызмат кылып келген Кудайыма дайыма ыраазычылык билдирип турам.
4 Коштошкондогу көз жашыңды эстегенде, кайрадан сени менен көрүшүп кубанычка толгум келет.
5 Кудайга чын жүрөгүңдөн берилип ишенгениң да эсимде. Бул ишеним башында таенең Лой менен энең Уникенин жүрөгүнөн орун алган. Эми ал сенин жүрөгүңө да уялаганына көзүм жетип турат.
6 Андыктан эскертем: үстүңө колумду коюп, Кудайдын батасын тилеп сыйынганымда алган рухий касиеттериңди колдонуп, улам өркүндөтүп тур.
7 Анткени Кудайдын Руху бизди коркок кылбайт. Тескерисинче, кудурет-күчүнө бөлөп, мээримдүү болгонго жана өзүбүздү кармай билгенге үйрөтөт.
8 Ошондуктан элге Эгебиз тууралуу айтуудан жана Ага ишенгендигим үчүн абакта отурганымдан уялба. Андан көрө, Кудайдын кудуретине таянып, Жакшы Кабарды жеткирүүдө тарткан азаптарымды тең бөлүш.
9 Кудайым бизди Өзүнө тандап алды, Куткарып, ыйык эли кылып алды. Татырлык жакшы иштерди кылбасак да, Ал бизге боору ачып, ырай этип, Машаяк Ыйса аркылуу баарыбызга Өзүнүн ырайымын көрсөтөм деп, Бул аалам башталардан мурун эле Алдына муну максат кылып алды.
10 Мына эми, акырында Машаяктын, Куткаруучу Ыйсанын келгенинде, Шум ажалдын бийлигин жойгонунда, Түбөлүктүү өмүрүн бизге сунуп, Жакшы Кабар чындыгын айтканында Жараткандын ырайымы бизге ачылды.
11 Кудай мени дал ушул Жакшы Кабардын жарчысы, элчиси жана устаты кылып дайындаган.
12 Азап чегип, ушундай кыйынчылыктарды башымдан кечирип жатканымдын себеби — мына ушул. Бирок менин уятка калгыдай жөнүм жок, себеби Кимге бел байлап, Кимге ишенгенимди билем. Өмүрүмдү Анын колуна тапшырган мени Өзүнүн кайтар күнүнө дейре аман сактаганга Анын кудурети жетет.
13 Менден уккан-көргөнүңдү чыныгы таалимдин үлгүсү катары жетекчиликке алгын да, Ыйса Машаяк менен тыгыз байланышыңды сактап, ишенимге таянып, башкаларга мээримдүү болуп жаша.
14 Ичибизде жашаган Ыйык Рухтун кудуретине сүйөнүп, өзүңө табышталган жакшы нерселерди сактап жүр.
15 Сага белгилүү болгондой, Асия аймагындагылардын баары, алардын ичинде Фигел менен Эрмоген да мага аркасын салып кетишти.
16 Онисифордун үй-бүлөсүнө Эгебиз ырайым кылсын. Канча ирет ал мени жубатып, абакта отурганымдан уялбады.
17 Тескерисинче, Римге келгенде, мени тынбай издеп жүрүп, акыры тапкан эле.
18 Эгебиз кайра кайтар күнүндө ага ырайымдуу болсун! Эфесте болгонумда да анын мага канча жардам бергенин сен өзүң жакшы билесиң.