меню

Тиметейге 2 кат 4 Бөлүм

тез өтүү:

1 Кудайыбыздын жана тирүүлөр менен өлгөндөрдүн Соттоочусу, Өз өкүмүн жүргүзүүгө келе жаткан Падышабыз Ыйса Машаяктын алдында сага катуу эскертерим бул.

2 Кудай Сөзүн ал-акыбалыңдын жаман-жакшысына карабай, ар дайым бардык дитиңди коюп насыятта! Бирөөлөрдү туура жолго салганыңда, ашкерелегениңде, кайрат бергениңде, насаат айтып окутканыңда аябагандай сабырдуу бол.

3 Анткени адамдар туура окутууларга кулак салбай, анын ордуна, өз каалоолоруна жетеленип, устаттан устатка барып, көңүлүнө жакканын гана угушар мезгил да келет.

4 Алар чындыкты этибарына албай, бардык назарын курулай уламыш-болмуштарга салышат.

5 Ал эми сен бардык учурда акыл-эстүү, кыйынчылыктарга көтөрүмдүү болуп, Жакшы Кабар таратканыңды токтотпой, өзүңө тапшырылган кызматты толук аткар.

6 Менин болсо каным төгүлүп, курман болуп, жарык дүйнө менен кош айтышар убагым келди.

7 Рухий майданда күчүмдүн барынча күрөшүп, жарышымдын марасына жетип, ушуга дейре ишенимден тайбай келдим.

8 Эми жеңүүчүнүн байгесин — такыбаалык таажысын алганы калдым. Адилеттүү Соттоочубуз, Эгебиз Ыйса кайтып келген күнүндө аны мага Өз колу менен ыйгарат. Бул байгеге жалгыз эле мен эмес, Эгебиздин келишин чыдамсыздык менен күткөндөрдүн баары ээ болушат.

9 Тиметей, колуңдан келишинче аракет кылып, мага тез арада келип калгыдай бол.

10 Анткени Димастын көңүлү ушул дүйнөгө ооп, мени таштап, Тесалоникага кетип калды. Кирискент менен Тит болсо, бири Галатияга, экинчиси Далматияга жөнөп кетишти.

11 Жанымда Лукадан башка эч ким калган жок. Маркты таап, өзүң менен кошо ээрчите кел, себеби менин ишиме анын жардамы тийгидей.

12 Тихикти мен Эфеске жөнөтүп жибергем.

13 Келгениңде, Троасдагы Карыптыкында калтырган чапанымды, ошондой эле кол жазмаларымды, өзгөчө булгаарыга жазылгандарын ала кел.

14 Темирчи Искендер мага көп жамандык жасады; анын тиешесин эми Эгебиз Өзү берер.

15 Сен дагы андан абайлап жүр, себеби ал биз тараткан Жакшы Кабарга катуу каршылык көрсөтүүдө.

16 Сот алдында алгач жооп бергенимде, мени эч ким жактабады. Тескерисинче, бардыгы менден баш тартып кетишти. Эми Кудайым алардын кылганын өздөрүнө каршы бурбагай эле.

17 Кантсе да, Эгем Өзү мени колдоп, Анын Кабары мен аркылуу толугу менен жар салынып, башка улуттагылардын баары андан кулагдар болушу үчүн мага күч-кубат берип, «ажыдаардын оозунан» аман алып калды.

18 Мындан ары да Эгебиз мага келген бардык жамандыктын мизин кайтарып, Өзүнүн асмандагы Падышачылыгына жеткирери анык. Бардык алкыш-даңк Ага гана болсун! Оомийин.

19 Приска менен Акилага жана Онисифордун үй-бүлөсүнө менден салам айтып кой.

20 Эраст Корунт шаарында калып, Трофимди болсо ооруп калганынан өзүм Милет шаарында калтырууга аргасыз болдум.

21 Кышка дейре келип калганга болушунча аракет кыла көр. Убул, Пудей, Лин жана Клавдия сага салам жолдоп, калган боордошторуң да алардын саламына кошулушту.

22 Эгем силерге кубат берсин! Кудайым баарыңа ырайым кылсын!

Бөлүмдөр: 1 2 3 4