меню

Тиметейге 2 кат 3 Бөлүм


1 Эсиңе түйүп ал, Тиметей: акыркы күндөр апаттуу болот.

2 Себеби адамдар өзүнүн гана керт башын ойлоп, акчага сугалак, мактанчаак, текебер, кесир болуп, ата-энесинин тилин албай, алкышты билбей, эч нерсени ыйык тутпай калышат.

3 Алар адамгерчилик менен кайрымдуулукту билишпей, башкаларга жалаа жаап, өздөрүн өздөрү кармай алышпай, мерез болуп, жакшылыкты жек көрүшөт.

4 Бири бирине чыккынчылык кылып, алдын-кийинин ойлобой, көпкөнүнөн көөдөнүн көтөргөн алар Кудайдан көрө, өз жыргалчылыгын артык көрүшөт.

5 Сыртынан кудайчыл көрүнгөнү менен, чын-чынына келгенде, кудайчылдыктын нагыз кудурет-күчүнөн баш тартып кеткен болушат. Мындайлардан кач!

6 Алардын кээ бири өзүнүн ким экенин жашырып, элдердин үйлөрүнө кирип алышат да, күнөөгө белчесинен баткан, ар түркүн кумарларга жетеленген шалаакы аялдарды ээликтирип, өздөрүнө баш ийдирип алышат.

7 Бул аялдар ар дайым таалим алууга умтулганы менен, чындыкты билбеген бойдон кала беришет.

8 Акылы адашкан, ишеними сокур тыйынга да арзыбаган мындай жалган окутуучулар азирети Мусага каршы чыккан Жанес менен Жамбиреске окшоп, чындыкка каршы чыгышат.

9 Бирок алардын билбестиги менен акылсыздыгы бардыгына айкын болуп, тез эле иши бүтүп калат. Өз убагында Жанес менен Жамбирес да ушундай болгон.

10-11 Сен болсо, Тиметей, берген таалимиме көңүл коюп, жүрүм-турумуңда менден үлгү алып, алдыңа меникиндей максат койдуң. Ыйсага канчалык ишенгениме, кантип бардык кыйынчылыктарды көтөрүп, бардыгына мээримдүү, чыдамдуу болгонума, канча куугунтукту башыман өткөрүп, канча запкы жегениме күбө болдуң. Антахияда, Иконияда жана Листрада эмне болгонум, не деген катуу куугунтукка кабылганым да сага белгилүү. Бирок Эгебиз мени ошонун баарынан аман алып калды!

12 Машаяк Ыйса менен биримдикте Кудайга жаккандай жашагысы келген ар бир адам куугунтукка кабылары бышык.

13 Кара ниеттер менен көз боёмочулар андан бетер жамандык кылып, башкаларды алдап, өздөрү да алданышат.

14 Ал эми сен үйрөнүп, чындык экенине көзүң жеткендерди бек карман, себеби кимден таалим алганыңды билесиң.

15 Жаштайыңдан билип калган Ыйык Жазуулар акылман кылып, Машаяк Ыйсага арткан ишенимиң аркылуу сени куткарылууга жолдойт.

16 Ыйык Жазуулардын бардыгы Кудай деминин аркасы менен жазылган. Андыктан алар чындыкты окутуп-үйрөтүүдө, күнөө кетиргендерди ашкерелөөдө, жаңылышкандарды туура жолго салууда жана ишенгендерди адилдикке тарбиялоодо өтө пайдалуу.

17 Аларды колдонуп, Кудайга кызмат кылган адам бардык жакшы ишке камданып, даяр болот.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4