Насаатчы | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Насаатчы 11 Бөлүм

тез өтүү:

1 Наныңды сууга агыз, анткени көп күн өткөндөн кийин, аны кайрадан таап аласың.

2 Жети кишиге, атүгүл, сегиз кишиге бөлүп бер, анткени жер үстүндө кандай кырсык болорун билбейсиң.

3 Булуттар сууга толгондо, жерге жамгыр төгөт, эгерде дарак түштүккө же түндүккө куласа, ал кулаган жеринде калат.

4 Шамалды караган адам эгин экпейт, булутту караган адам түшүм жыйнабайт.

5 Сен шамалдын жолун, боюнда бар аялдын курсагында баланын сөөктөрү кантип жаралып жатканын билбегендей эле бардыгын жасап жаткан Кудайдын иштерин да билбейсиң.

6 Эртең менен үрөнүңдү сеп, кечинде да колуңду тындырба, анткени сен тигил же бул иш ийгиликтүү болорун же экөө тең жакшы болорун билбейсиң.

7 Жарык – жакшы нерсе, көз үчүн күндү көрүү жакшы.

8 Эгер адам көп жыл жашаса, анда ал өмүрү өткөнчө кубансын, көп боло турган кайгылуу күндөрдү эстей жүрсүн: боло тургандын бардыгы – курулай убаракерчилик!

9 Жаш чагыңда кубан, жаш улан, жаш күнүңдө жүрөгүң кубанычтын даамын татып калсын, жүрөгүңдүн каалоосу, көзүңдүн жетеги менен жүр, бирок билип кой, ошонун баары үчүн Кудай сени сотко тартат.

10 Жүрөгүңдөн кайгыны жок кыл, денеңди жамандыктан алыс кыл, анткени балалык да, жаштык да – курулай убаракерчилик.