Насаатчы | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Насаатчы 12 Бөлүм

тез өтүү:

1 Оор күндөр келгенге чейин, «Жашоого ыраазы эмесмин» дей турган жылдар келгенге чейин, жаш кезиңде Жаратканыңды эсиңден чыгарба.

2 Күн да, жарык да, ай да, жылдыздар да өчө электе, жамгырдан кийин кайра кара булут каптай электе, Жаратканыңды эсте.

3 Ошол күнү үй кайтаргандар титирейт, кубаттуулар ийилишет, тегирменчилер аз болгондуктан алардын иши токтойт, терезени карагандар караңгылайт.

4 Көчөнү караган эшиктер бекитилет, тегирмендин ташынын үнү басылат, адамдар короз кыйкырары менен ойгонушат, ырдаган кыздардын үнү басылат.

5 Аларга бийик жерлер коркунучтуу болуп көрүнөт, жолдордо үрөй учурган иштер болот, бадамдар гүлдөп бүтөт, чегирткелер оорлошуп калат, жыпар жыттуу өсүмдүктөр күбүлүп түшөт. Анткени адам өзүнүн түбөлүктүү үйүнө кеткени жатат, көчөдө кошокчу аялдар аны тегеректеп алууга даяр турушат.

6 Күмүш чынжыр үзүлө электе, алтын чөйчөк сына электе, булактын жанындагы кумура сына электе, кудуктун үстүндөгү бара талкалана электе, Жаратканыңды эсте.

7 Топурактан жаралган дене кайра топурак болуп калат, ал эми Кудай берген рух кайра Кудайга кетет.

8 Түйшүктүн түйшүгү, – деди Насаатчы, – бардыгы түйшүк!

9 Насаатчы акылдуу гана болбостон, ал элге билим да берген. Ал баарын сынап көргөн, изилдеген, көп накыл сөздөрдү түзгөн.

10 Насаатчы көркөм накыл сөздөрдү тапканга аракет кылган, чындык сөздөрдү туура жазган.

11 Акылдуу адамдардын сөздөрү ийнедей, кагылган мыктай, аларды түзгөндөр бир Кайтаруучудан.

12 Ал эми ушул сөздөрдөн тышкары айтылган сөздөрдөн сак бол, уулум: китепти көп жаза берсе, аягы болбойт, көп окуса, дене чарчайт.

13 Баарынын жыйынтыгын угалы: Кудайдан корк, Анын буйруктарын аткар, анткени бул – адам үчүн эң керектүү.

14 Анткени Кудай ар бир ишти соттойт, ар бир жашыруун ишти, ал жакшы иш болобу же жаман иш болобу, Кудай соттойт.