меню

Эфестиктерге кат 1 Бөлүм


1 Кудайдын амири менен Машаяк Ыйсанын элчиси болгон Пабылдан Эфес шаарында жашаган ыйыктарга — Машаяк Ыйсанын үмөттөрүнө дубай салам.

2 Ылайым силерге биздин Кудай Атабыз менен Эгебиз Ыйса Машаяк ырайым кылып, тынччылыгын берсин.

3 Машаяк бизге көктөн алып келген бардык рухий ырыскы-берекелери үчүн Эгебиз Ыйса Машаяктын Кудайына жана Атасына алкыш!

4 Кудай бизди Өз алдында ыйык жана кынтыксыз болсун деп, бул дүйнө жарала электе эле Машаяк аркылуу тандап алып,

5 бизге деген ак тилеги менен Ыйса Машаяк аркылуу Өз балдары кылып алууну тээ мурунтан эле белгилеп койгон.

6 Өзүнүн улуу ырайымы менен бизге сүйүктүү Уулу аркылуу тартуулаган ушул бекер белеги үчүн Кудайга даңк!

7-9 Машаяк курман болуп, каны менен күнөөлөрүбүздүн кунун төлөгөндө, биз кечирим алып, жазадан куткарылдык. Ошентип Кудай бизге чексиз ырайымын көрсөттү! Бардыгын акылына батырып, бардыгын күн мурунтан билген Кудай ак тилегинде тээ илгертен эле Машаяк аркылуу орундатам деген максаты боюнча Өз каалоосунун купуя сырын бизге ушундайча айкын кылды.

10 Убакыт белгилүү бир толук мерчемине жеткенде, бүтүндөй аалам, асман-жердегинин бардыгы түгөл Машаяктын бийлиги алдына келет. Ошондо Кудайдын максаты толугу менен ишке ашат. Белгиленген убакыт-сааты жеткенде, Кудай бүтүндөй ааламды, асман-жердегинин бардыгын түгөл Машаяктын кол алдына алып келет. Ошондо Кудайдын каалаганы толугу менен ишке ашат.

11 Машаяктын аркасы менен биз Кудайдын мураскорлору да болдук, анткени бардыгын Өз эрки боюнча кылган Ал көздөгөн максатына ылайык бизди башынан эле тандап алган.

12 Ал муну биз — Машаякка биринчи болуп үмүт арткандар — өз жашообузда Анын атак-даңкын чыгарсын деп кылды.

13 Силер да Машаяктын чындык сөзүн — куткарылуу алып келүүчү Жакшы Кабарды угуп, ага ишенгениңерде, Кудай элине кошулдуңар. Убада кылынган Ыйык Рухун берүү менен Ал силерге Өзүнүн мөөрүн басып койду.

14 Муну Ал биз аркылуу Өз атак-даңкын чыгарыш үчүн кылды. Ошол Рух — Кудай Өз элин түгөл куткарганда аларга даярдап койгон мурасты биз да аларыбыздын анык кепилдиги.

15 Ошол себептүү Эгебиз Ыйсага канчалык ишенгениңерди жана ыйыктардын баарын канчалык сүйгөнүңөрдү уккандан бери

16 сыйынган сайын силерди эстеп, силер үчүн Кудайга рахматымды тынбай айтып келатам.

17 Эгебиз Ыйса Машаяктын Кудайы, теңдешсиз улуу Атадан силерге Өз Рухун берүүсүн да суранып келем. Ал Рух силерди акылмандыкка үйрөтүп, аяны менен Кудайдын ким экенин таанытат.

18 Дагы суранганым — Кудай көкүрөгүңөрдү ачсын. Ошондо Кудай силерди чакырып алганда кандай үмүткө ээ кылганын, Анын ыйыктарга бере турган улуу мурасы канчалык бай экенин жана

19 Ага ишенген бизди колдогон Анын кудурети канчалык эбегейсиз зор экенин көрөсүңөр. Дал ушул эбегейсиз зор кудурети менен Кудай

20 Машаякты өлүмдөн тирилтип, көккө чыгарып, Өзүнүн оң жагындагы сыйлуу орунга отургузуп,

21 зоболосун көктөгү бардык башкаруучулардан, бийликтерден, күчтөрдөн, өкүмдарлардан өйдө көтөрүп, бул эле заманда эмес, келерки замандардагы бардык даража-наамдардан жогору наамды ыйгарды.

22 Кудай бардыгын Машаяктын бийлиги алдына келтирди да, Аны бардыгынын үстүнө коюп, жыйындын башчысы кылды.

23 Жыйын болсо Машаяктын денеси, кудурети бүтүндөй ааламга толгон Машаяктын нак Өзү.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6