Эфестиктерге кат 3 Бөлүм
1 Мен, Пабыл, башка улуттан чыккан силерге кызмат кылууга Машаяк Ыйса тарабынан жиберилип, дал ошол себептүү эми түрмөгө камалып олтурам.
2 Бул милдетти өзүңөр үчүн аткарууга мени Кудай ырайым этип дайындаганын силер, албетте, уккансыңар.
3 Кудай мага аян берип, анда Өзүнүн купуя ой-максатын белгилүү кылганын мен силерге жогоруда кыскача жазып кеттим.
4 Машаяк орундатар ошол купуя ой-максат тууралуу менин түшүнүгүмдү силер жанакы жазгандарымды окуп биле аласыңар.
5 Адамзаттын өткөн муундарына жашырын болгон бул ой-максатын Кудайдын Руху эми Анын ыйык элчилери менен пайгамбарларына билдирди.
6 Анын мааниси мындай: Жакшы Кабар аркылуу башка улуттагылар да ысрайылдыктарга мурасташ, бир денеде мүчөлөш жана Кудайдын Машаяк Ыйса аркылуу берилген убадаларына энчилеш болушат.
7 Кудай мага ырайым этип, Өз кудурети менен өмүрүмдү өзгөртүп, Жакшы Кабарын жар салуучу кызматчысы кылып койду.
8-9 Ыйыктардын ичинен эң арзыбаганы болсом да, Ал мага ырайым кылды да, Машаяк ээ кылчу эбегейсиз зор рухий байлыктар тууралуу кабарды башка улуттагыларга жар салууну жана бардыгын жараткан Кудайдын тээ атам замандан бери жашырын сактап келген ой-максаты эмне экенин элдин баарына жеткирүүнү тапшырды,
10 анткени эми түзгөн жыйыны аркылуу Кудай көктөгү башкаруучулар менен бийликтерге Өзүнүн бардык кылган иштеринде канчалык акылман экенин көрсөткүсү келди.
11 Ал муну тээ башынан көздөгөн, эми болсо Эгебиз Ыйса Машаяк аркылуу орундаткан түбөлүктүү ой-максатына ылайык кылды.
12 Демек, Ыйса Машаяк менен тыгыз байланышта болуп, Ага ишенсек, анда биз Кудайга тартынбай, жакындап барууга батына алабыз.
13 Андыктан силер үчүн азап тартып жатканымды көрүп, кайратыңардан кайтпагыла. Мен тарткан азаптар силерге сыймык алып келет.
14 Мына ушуларды ойлоп, көктөгү Атабыздын алдында чөк түшүп сыйынам:
15 асман-жердегинин баарын бар кылган — Ал.
16 Сыйынуудагы тилегим: ылайым улуулугу чексиз Кудайыбыз Өз Руху менен силерди кайраттандырып, күч-кубатын берсин,
17 ишенимиңер аркылуу Машаяк жүрөгүңөрдөн орун алып, Анын сүйүүсү өзүңөрдү бекемдеп, жашооңордун негизи болсун.
18-19 Бардык ыйыктар менен бирге силерге да Ал Машаяктын сүйүүсү канчалык кенен жана узун, канчалык бийик жана терең экендигин түшүнүүгө кудурет берсин. Адам акылынан алда канча жогору турган ошол сүйүүнү билип калсаңар экен. Ошондо силер Кудайдын кулк-мүнөзү менен бардык касиеттерин боюңарга сиңире баштайсыңар.
20 Биздин ичибизде күч-кудурети менен аракеттенип, биз сурагандан же ал турсун ойлогондон ченемсиз артык кыла алган Кудайга.
21 Анын жыйыны аркылуу жана Машаяк Ыйса аркылуу укумдан тукумга, түбөлүктөн түбөлүккө атак-даңк болсун! Оомийин.