меню

Эфестиктерге кат 2 Бөлүм


1 Мурда кылмыштарыңар менен күнөөлөрүңөрдүн айынан силер өлүк элеңер.

2 Ошол кезде бул дүйнөнүн кыянат жолун жолдогон силер бизди жогортон курчап турган кара күчтөрдүн башчысына көз каранды болгонсуңар. Ал бүгүн Кудайга моюн сунбагандарды башкаруу аракетинде.

3 Дегеле бардыгыбыз бир кезде ошондой адамдардын арасында жашап, адамдык табиятыбызга жетеленип, анын ой-кумарларын аткарып, жаратылышыбыздан эле башкалар сыяктуу Кудайдын каарына калган элек.

4-5 Бирок кайрымга бай Кудай Өзүнүн бизге төккөн улуу мээрими менен кылмыштарыбыздын айынан өлүк болгон бизди да Машаяк менен бирге кайрадан жандандырды. Ошентип, силер Кудайдын ырайымы менен куткарылдыңар.

6 Машаяк Ыйса менен кайра тирилткен соң, Кудай силерди көктө Анын жанына олтургузуп койду.

7 Ал муну Машаяк Ыйса аркылуу бизге төккөн мээрими менен келечек кылымдарга Өзүнүн эбегейсиз зор ырайымын көрсөтүү үчүн кылды.

8 Силердин ишенип куткарылганыңар өзүңөрдүн жетишкендигиңер эмес. Өзүнүн ырайымы менен Кудай аны силерге белек кылды.

9 Ал жакшы иштердин сообу да эмес. Демек, эч кимдин мактангыдай жөнү жок.

10 Кудай бизди Машаяк Ыйса менен тыгыз алакада болгонубуздан улам Өзү биз үчүн алдын ала белгилеп койгон жакшылык иштерин жасоого жараткан.

11 Силер башка улуттан болуп туулганыңарды, денелик сүннөтү кесилген эврейлер тарабынан «сүннөттөлбөгөндөр» деп аталганыңарды эсиңерден чыгарбагыла.

12 Бир кезде Машаякты тааныбай, Ысрайыл элинен тышкары, Кудайдын убада берип калтырган келишимдерине эч тиешеңер жок болуп, бул дүйнөдө үмүтсүз жана Кудайсыз жашап келгенсиңер.

13 Эми болсо бир кезде Кудайдан алыс жүргөн силерди Машаяк Ыйса курмандык канын төккөнү менен Жаратканга жакындатып койду.

14-15 Анткени Машаяк Өзү биздеги ынтымак-ырашкердиктин башаты! Ал жектешкен эки тараптын ортосун бөлүп турган кастыктын дубалын талкалап, аларды бириктирди. Өз денесин курмандыкка берүү менен Тоорат мыйзамынын эреже-парыздарынын күчүн жокко чыгарды да, эврейлер менен башка улуттагыларды Өзү менен тыгыз байланышта болгон бир жаңы эл кылып, ынтымакка келтирди.

16 Айкаш жыгачтагы курмандыгы менен ортодогу кастыкты жоюп, Өзү бир бүтүн дене кылган аларды Кудай менен элдештирди.

17 Кудайдан алыс жүргөн силерге да, Кудайды жакындан тааныган бизге да Ал келип тынччылыгын сүйүнчүлөдү.

18 Ошентип Машаяктын аркасы менен силерге да, бизге да бир Рухта Кудай Атабыздын атын чакырып сыйынууга жол ачылды.

19 Андыктан силер мындан ары чоочун да, келгин да эмессиңер. Тескерисинче, ыйыктардын мекендештери, Кудай үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү,

20 элчилер менен пайгамбарлар салган негиздин үстүнө тургузулган имарат болдуңар. Ыйса Машаяк болсо — ошол имараттын пайдубал ташы.

21 Бүтүндөй курулушту бириктире кармап, Эгебизге багышталган ыйык ийбадаткана кылып тургузуп жаткан Ал Өзү.

22 Анын аркасы менен силер да бири бириңерге кыналып, ичинде Кудайдын Ыйык Руху жашай турган жайга айланасыңар.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6