1 Акашбейрош падыша бүт жерге жана деңиз аралдарына салык салды.
2 Акашбейроштун улуу иштери, ошондой эле анын Мордохайга урмат көрсөткөнү, жогорку кызматка койгону толугу менен Мадай жана Персия падышаларынын тарых китептеринде жазылды.
3 Жүйүт Мордохай Акашбейрош падышадан кийинки экинчи адам болду. Ал жүйүттөрдүн улуу инсаны жана өз бир туугандарынын сүйүктүү адамы болду, анткени ал дайыма өз элине жакшылык каалап, өз элинин жыргалчылыгын көздөп сүйлөчү.