1 Ошентип, падыша Аман менен ханыша Эстердин тоюна келди.
2 Тойдун экинчи күнү падыша Эстерден: «Эмне каалайсың, Эстер ханыша? Ошол каалооң канааттандырылат, кандай өтүнүчүң бар? Жарым падышалыгымды сурасаң да, берем», – деп сурады.
3 Эстер ханыша мындай деп жооп берди: «Падыша, эгерде мен сенин алдыңда ырайым тапкан болсом, эгерде падыша туура көрсө, анда менин каалоом боюнча жанымды куткарып кал, менин өтүнүчүм боюнча элим аман калсын!
4 Анткени мен да, менин элим да кырылыш үчүн, жок болуш үчүн, өлүш үчүн сатылганбыз. Эгерде биз кулдукка, күңдүккө эле сатылган болсок, анда мен унчукпайт элем, бирок душман падышанын жоготуусунун ордун толтура албайт».
5 Ошондо Акашбейрош падыша Эстер ханышага: «Мындай кылууга батынган неме ким, ал кайда?» – деди.
6 Эстер: «Касыбыз да, душманыбыз да – ушул кыянатчыл Аман!» – деди. Ошондо Аман падыша менен ханышанын алдында калтырап кетти.
7 Падыша тойдон каарданып чыгып, падыша сарайынын багына барды. Аман болсо жан соогалап, Эстер ханышага жалынды, анткени падыша өзүнө катуу өкүм чыгарганын билди.
8 Падыша сарайынын багынан падыша той өтүп жаткан жерге кайра келгенде, тахтада жаткан Эстерге жабышкан Аманды көрүп: «Ал тургай, менин үйүмдө ханышаны зордуктагысы барбы?» – деди. Бул сөз падышанын оозунан чыгары менен, Амандын жүзүн чүмкөй салышты.
9 Ошондо падышага кызмат кылган эбнухтардын бири Харбон: «Падышага жакшылык каалагандыктан кабар берген Мордохай үчүн Аман даярдаган жыгач мамы мына, бийиктиги элүү чыканак болгон жыгач мамы Амандын үйүндө турат», – деди. Падыша: «Ошол жыгач мамыга анын өзүн асып салгыла!» – деди.
10 Ошентип, алар Амандын Мордохай үчүн жасаган жыгач мамысына өзүн асып салышты. Ошондо гана падышанын ачуусу тарады.