Эзра | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Эзра 1 Бөлүм

тез өтүү:

1 Персия падышасы Корештин падышачылык кылган биринчи жылында, Теңирдин Жеремия аркылуу айткан сөзү ордунан чыгыш үчүн, Теңир Персия падышасы Корештин рухун ойготту. Ошондуктан ал өзү бийлеген бардык падышачылыкка оозеки жана кат жүзүндө мындай деп жарыялоону буйрук кылды:

2 «Персия падышасы Кореш мындай дейт: Жер жүзүнүн бардык падышалыгын асмандагы Кудай, Теңир мага берди. Ал мага Жүйүт аймагындагы Иерусалимде Ага арнап үй курууну буйрук кылды.

3 Силердин араңарда ким Анын элинен болсо, Кудай Өзү аны менен болсун, ал Жүйүт аймагындагы Иерусалимге барсын. Ал Иерусалимдеги Ысрайылдын Кудай-Теңиринин үйүн курсун.

4 Ал эми кетпей калган ысрайылдыктарга, алар кайсы жерде жашаганына карабастан, ошол жердин тургундары Иерусалимдеги Кудайдын үйү үчүн чын жүрөгү менен күмүш, алтын, ар кандай буюм, мал берип, жардам кылышсын».

5 Ошондо Иерусалимдеги Теңир үйүн курууга барыш үчүн, Жүйүт уруусу менен Бенжемин уруусунун башчылары, ыйык кызмат кылуучулар, лебилер жана Кудай кимге каалоо берсе, ошолордун баары турду.

6 Кошуна жашаган элдин баары чын жүрөгү менен бергендеринен тышкары, алтын-күмүш идиштерин, ар кандай буюмдарын, малын, ар кандай кымбат баалуу буюмдарын алып келип, ийбадатканага жардам катары беришти.

7 Падыша Кореш Небухаданасардын Иерусалимден алып кетип, өзүнүн кудайынын үйүнө коюп алган Теңир үйүнүн идиштерин алып чыкты.

8 Персия падышасы Кореш аларды казына кармаган Митредаттын колу менен алып чыкты. Ал болсо аларды санап туруп, Жүйүт төрөсү Шешпатсарга тапшырды.

9 Алардын эсеби мынча болду: алтын идиштен отуз, күмүш идиштен миң, бычактан жыйырма тогуз,

10 алтын чөйчөктөн отуз, кош кабат күмүш чөйчөктөн төрт жүз он, ар кандай идиштен миң.

11 Алтын-күмүш идиштердин бардыгы беш миң төрт жүз болду. Шешпатсар туткундарды Бабылдан Иерусалимге жөнөтүп жатканда мунун баарын ала кетти.