Эзра | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Эзра 7 Бөлүм

тез өтүү:

1 Бул окуялардан кийин, Персия падышасы Артакшаштанын тушунда Эзра Бабылдан чыкты. Ал – Сераянын уулу, Серая – Азариянын уулу, Азария Хилкиянын уулу,

2 Хилкия – Шалумдун уулу, Шалум – Садоктун уулу, Садок – Акитуптун уулу,

3 Акитуп – Амариянын уулу, Амария – Азариянын уулу, Азария – Мерайоттун уулу,

4 Мерайот – Захариянын уулу, Захария – Узинин уулу, Узи – Букинин уулу,

5 Буки – Абышуанын уулу, Абышуа – Пинехастын уулу, Пинехас – Элазардын уулу, Элазар – башкы ыйык кызмат кылуучу Арундун уулу.

6 Эзра Бабыл жеринен чыкты. Ал китеп көчүргүч болгон, Ысрайылдын Кудай-Теңири берген Мусанын мыйзамдарын жакшы билген. Падыша анын каалаганын берди, анткени Кудай-Теңиринин колу анын үстүндө эле.

7 Эзра менен бирге Ысрайылдын кээ бир уулдары, ыйык кызмат кылуучулар, лебилер, ырчылар, дарбазачылар, нетиндер Артакшаштанын падышачылыгынын жетинчи жылы Иерусалимге келишти.

8 Ал Иерусалимге Артакшашта падышачылык кылган жетинчи жылдын бешинчи айында келди.

9 Бабылдан чыгуу биринчи айдын биринчи күнү башталды. Ал бешинчи айдын биринчи күнү Иерусалимге келди, анткени Кудайдын жакшылык кылуучу колу анын үстүндө эле.

10 Эзра өзүнүн жүрөгүн Теңирдин мыйзамын изилдөөгө, аны аткарууга, Ысрайыл элине мыйзамды жана чындыкты үйрөтүүгө бурган эле.

11 Артакшашта падышанын Ысрайыл элине Теңирдин осуяттары менен мыйзамдарын үйрөткөн ыйык кызмат кылуучу, китеп көчүргүч Эзрага берген катынын мазмуну мындай:

12 «Падышалардын падышасы Артакшаштадан асмандагы Кудайдын мыйзамын окутуучу, ыйык кызмат кылуучу Эзрага салам.

13 Менин падышалыгымдагы Ысрайыл элинин, анын ыйык кызмат кылуучуларынын, лебилеринин арасынан ким Иерусалимге барууну кааласа, ал сени менен барсын деп буйрук бердим.

14 Анткени сен падышанын жана анын жети кеңешчисинин атынан сенин колуңдагы Кудайдын мыйзамы боюнча Жүйүт аймагы менен Иерусалимдин акыбалын карап көрүү үчүн,

15 падыша менен анын кеңешчилери Иерусалимдеги Ысрайыл Кудайынын үйүнө курмандыкка арнаган алтын-күмүштөрүн жеткириш үчүн,

16 Бабылдын бардык дубанынан өзүң жыйнап алган алтын-күмүштөрдү ыйык кызмат кылуучулардын жана элдин Иерусалимдеги Кудайдын үйүнө арнап, өз каалоолору боюнча курмандыкка берген тартуулары менен бирге жеткириш үчүн жөнөтүлүп жатасың.

17 Ошондуктан бул акчаларга токтоосуз өгүздөрдү, койлорду, козуларды, алар менен кошо чалынуучу нан курмандыктарын, куюлуучу курмандыктарды сатып ал, аларды Иерусалимдеги Кудайыңардын үйүндөгү курмандык чалынуучу жайда чал.

18 Калган алтын-күмүштөрдү өз Кудайыңардын эрки менен өзүң жана бир туугандарың эмнени туура деп тапса, ошого жумшагыла.

19 Кудайыңдын үйүндө кызмат кылууда пайдаланылуучу сага тапшырылган идиштерди Иерусалим Кудайынын алдына алып барып койгун.

20 Кудайыңдын үйү үчүн дагы эмне керек деп эсептесең, ошонун баарын падышанын казынасынан бер.

21 Мен, Артакшашта падыша, дарыянын наркы өйүзүндөгү казына кайтаруучулардын бардыгына буйрук берем: “Асмандагы Кудайдын мыйзамдарын үйрөтүүчү, ыйык кызмат кылуучу Эзра эмне талап кылса, ошону токтоосуз бергиле:

22 Жүз талантка чейин күмүш, жүз батка чейин буудай, жүз батка чейин шарап, жүз батка чейин май бергиле, тузду болсо өлчөөсүз бергиле.

23 Асмандагы Кудайдын үйү үчүн асмандагы Кудай берген бардык буйрук тактык менен орундалсын, болбосо Кудайдын каары падышанын жана анын балдарынын падышачылыгына тиет.

24 Силерге дагы билдире кетчү нерсе: Кудайдын үйүндө кызмат кылган ыйык кызмат кылуучулардын, лебилердин, ырчылардын, дарбазачылардын, нетиндердин эч кимисинен алым, салык, бажы акысы алынбасын.

25 Сен болсо, Эзра, Кудайың берген даанышмандыгың менен башчыларды жана башкаруучуларды кой, алар дарыянын наркы өйүзүндөгү элди – Кудайыңдын мыйзамдарын билген элди башкарышсын, билбегендерди үйрөткүлө.

26 Ким Кудайыңдын мыйзамын жана падышанын мыйзамын аткарбаса, аны токтоосуз өлүм жазасына болобу, же сүргүнгө болобу, же акчалай айыпка болобу, же зынданга болобу, өкүм чыгарышсын”.

27 Падышанын жүрөгүнө Иерусалимдеги Кудай үйүн жасалгалоону салган,

28 мага падышанын, анын кеңешчилеринин, анын бардык күч-кубаттуу төрөлөрүнүн ырайымын бурган ата-бабаларыбыздын Кудай-Теңирине алкыш! Ошондо мен кайраттандым, анткени Кудай-Теңиримдин колу менин үстүмдө эле. Ошондуктан мени менен барышсын деп, Ысрайылдын уруу башчыларын чогулттум».