Эзра | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Эзра 5 Бөлүм

тез өтүү:

1 Бирок Акай пайгамбар менен Ыданын уулу Захария пайгамбар Жүйүт аймагында жана Иерусалимде жашаган жүйүттөргө Ысрайылдын Кудайынын ысымынан пайгамбарчылык сөздөрүн айтышты.

2 Ошондо Шалтиел уулу Зоробабыл, Жотсадак уулу Жешуя Иерусалимдеги Кудай үйүн кура башташты, аларды Кудайдын пайгамбарлары колдоп турушту.

3 Ошол учурда аларга дарыянын наркы өйүзүндөгү дубан башчы Татнай менен Шетар-Бознай жана алардын жолдоштору келип: «Бул үйдү курууга жана дубалдарын тургузууга силерге ким уруксат берди?» – дешти.

4 Ошондо биз аларга бул имаратты куруп жаткан адамдардын аттарын айттык.

5 Бирок алардын Кудайы жүйүт аксакалдарына көз салып турду. Тигилер бул ишти Дарийге жөнөткөнчө, андан бул иш боюнча чечим келгенче, жүйүттөргө тыюу салбай турушту.

6 Дарыянын наркы өйүзүндөгү дубан башчы Татнай менен Шетар-Бознай жана алардын дарыянын наркы өйүзүндөгү жолдошторунун – апарестиктердин Дарий падышага жөнөткөн катынын мазмуну мындай:

7 Алар жөнөткөн билдирүүдө мындай деп жазылган: «Дарий падышага бардык жактан тынчтык болсун!

8 Биздин Жүйүт аймагындагы улуу Кудайдын үйүнө барганыбыз падышага маалым болсун. Ал үй чоң-чоң таштардан курулуп жатат, дубалдарына устундар коюлуп жатат, бул жумуш тез жүрүп, алардын колдору менен ийгиликтүү бүтүп бара жатат.

9 Ошондо биз алардын аксакалдарынан: “Бул үйдү курууга жана дубалдарын тургузууга силерге ким уруксат берди?” – деп сурадык.

10 Мындан тышкары, алардын аттарын сурадык, биз алардын башчыларынын аттары сага белгилүү болушу үчүн жазып алдык.

11 Алар мындай деп жооп беришти: “Биз асман менен жердин Кудайынын кулдарыбыз, биз мындан көп жыл мурда курулган үйдү кайра куруп жатабыз, аны Ысрайылдын улуу падышасы курган.

12 Биздин ата-бабаларыбыз асмандагы Кудайдын каарына калганда, Ал Бабыл падышасы, каздимдик Небухаданасардын колуна аларды салып берген. Ал бул үйдү талкалап, элин Бабылга туткундап кеткен.

13 Бирок Бабыл падышасы Корештин биринчи жылында Кудайдын бул үйүн кайра курууга Кореш падыша уруксат берген.

14 Небухаданасар Иерусалимдеги ийбадатканадан алып чыгып, Бабыл ийбадатканасына койгон Кудай үйүндөгү алтын-күмүш идиштерди да Кореш падыша кайрадан Бабыл ийбадатканасынан алып, өзү дубан башчы кылып дайындаган Шешпатсар дегендин колуна тапшырып,

15 ага: "Бул идиштерди Иерусалимдеги ийбадатканага алып бар. Кудайдын үйү өзүнүн мурунку турган жеринде курула берсин", – деген.

16 Ошондо ошол Шешпатсар келип, Иерусалимге Кудай үйүнүн пайдубалын курган. Ошондон бери ал курулуп жатат, бирок бүтө элек”.

17 Ошондуктан падыша туура тапса, Иерусалимдеги Кудайдын бул үйүн курууга Кореш падышанын уруксат бергени чын бекен падышанын Бабылдагы казына үйүнөн карап көрүшсүн. Ал тууралуу бизге падыша өз буйругун жөнөтсүн».