Жашыя | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Жашыя 13 Бөлүм

тез өтүү:

1 Жашыя аябай карып калган кезде Теңир мындай деди: «Сен аябай карыдың, бирок ээлеп ала турган жерлер али өтө көп.

2 Ээлеп ала элек жерлер булар: бүт Пелишти аймагы менен бүт Гешур жери.

3 Мисирдин чыгышындагы Шихордон тартып, түндүктөгү Экрон чегине чейинки, канаандыкы болуп эсептелген жерлердеги пелиштиликтердин Азадагы, Азоттогу, Ашкелондогу, Гаттагы, Экрондогу беш падышасы жана абахтыктар.

4 Ал эми түштүктөгү Сидондун Мейарасынан баштап Апейикке чейин, аморлуктардын чегине чейинки бүт Канаан жери,

5 ошондой эле Гебал жери жана Хермон тоосунун алдындагы күн чыгышты карай кеткен Баал-Гаттан Хаматка кире беришке чейинки бүт Лебанон жери.

6 Лебанондон тартып, Мисрепот-Майимге чейин жашаган бардык тоолуктарды, бардык сидондуктарды Мен Ысрайыл уулдарынын алдынан кууп чыгарам. Мен сага буйругандай, ал жерди Ысрайылга мурас кылып бөлүп бер.

7 Бул жерди тогуз урууга жана Менашенин жарым уруусуна бөл».

8 Ал эми Рубейин, Гат уруулары, Менаше уруусунун экинчи жарымы Теңирдин кулу Мусанын бөлүп бергени боюнча Иордандын ары жагындагы, чыгышты карай кеткен жерлерден өз үлүштөрүн алышты.

9 Арнон дарыясынын жээгиндеги Аройерден тартып, өзөндүн ортосундагы шаар менен Дибонго чейинки бүт Мейдеба түздүгүн,

10 ошондой эле Кешпондо бийлик кылган аморлуктардын падышасы Сихондун амондуктардын чек араларына чейинки бардык шаарларын,

11 ошондой эле Гилатты жана Гешур менен Мааха аймагын жана Хермондун бардык тоолору менен Салхага чейинки бүт Башан аймагын,

12 Аштарот менен Эдрейде бийлик кылган Башан падышасы Огдун бүт аймагын алышты. Ог болсо Муса талкалап кууп чыккан репалыктардан жалгыз калган.

13 Бирок Ысрайыл уулдары Гешур менен Мааханын тургундарын кууп чыгышкан жок. Гешур менен Мааханын тургундары бүгүнкү күнгө чейин ысрайылдыктардын арасында жашашат.

14 Бир гана Леби уруусуна ал үлүш бөлүп берген жок, Теңир ага айткандай, ысрайылдыктардын Кудайына чалынган курмандыктар – алардын үлүшү.

15 Рубейин уулдарынан тараган ар бир үй-бүлөгө Муса үлүш бөлүп берди.

16 Алардын чеги Арнон дарыясынын жээгиндеги Аройер, өрөөндүн ортосундагы шаар жана Мейдебанын алдындагы бүт түздүк болду.

17 Кешпон аймагы жана түздүктөгү ага караштуу бардык шаарлар: Дибон, Бамот-Баал, Бейт-Баал-Мейон,

18 Жаас, Кедемот жана Мейпаат,

19 Кирийатайим, Сыбма жана Эймек тоосундагы Серет-Ашахар,

20 Бейт-Пейор жана Пизги тоосунун этегиндеги жерлер менен Бейт-Айешимот,

21 түздүктөгү бардык шаарлар, Кешпондо бийлик кылган аморлуктардын падышасы Сихондун жерлери. Муса аны, ошондой эле Мидиан жол башчылары: Эбини, Рекемди, Сурду, Хурду, Ребаны, ал жерлерде жашаган Сихондун төрөлөрүн өлтүргөн.

22 Ысрайыл уулдарынын кылычынан өлгөндөрдүн ичинде Бейордун уулу, көзү ачык Билам да бар эле.

23 Рубейин уулдарынын чек арасы Иордан болгон. Рубейин уулдарынан тараган үй-бүлөлөргө берилген үлүш, шаарлар менен айыл-кыштактар ушулар.

24 Муса ошондой эле Гат уруусуна, Гат уулдарынан тараган үй-бүлөлөргө үлүш берген.

25 Алардын үлүшү: Жазер жана бардык Гилат шаарлары менен Рабенин алдындагы Амон уулдарынын Аройерге чейинки жеринин жарымы,

26 Кешпондон тартып, Рамат-Миспе менен Бетонимге чейин, Маханайимден тартып, Дебир чегине чейинки жерлер.

27 Ошондой эле Бейт-Арам өрөөнү менен Бейт-Нимра, Сукот жана Сапон өрөөндөрү, Кешпон падышасы Сихондун калган жери. Анын үлүшү Иордандын чыгышындагы Кинерет деңизине чейинки жерлер эле.

28 Гат уулдарынан тараган үй-бүлөлөрдүн үлүшүнө берилген шаарлар менен айыл-кыштактар ушулар.

29 Муса Менашенин жарым уруусуна да үлүш берди, Менашенин жарым уруусундагы ар бир үй-бүлөгө үлүш бөлүп берди.

30 Алардын жери: Маханайимден тартып бүт Башан аймагы, Башан падышасы Огдун бүт падышачылыгы, Жайырдын Башандагы бардык шаарчалары, бардыгы болуп алтымыш шаар.

31 Гилаттын жарымы, Аштарот жана Эдрей – Башан падышасы Огдун карамагындагы шаарлар Менашенин уулу Махирдин уулдарынын жарымына бөлүнгөн.

32 Иордандын аркы өйүзүнөн чыгышка карай кеткен Жерихонун каршысындагы Маап түздүгүнөн Муса берген үлүштөр ушулар.

33 Бирок Муса Леби уруусуна үлүш бөлгөн эмес, Теңир аларга айткандай, алардын үлүшү – ысрайылдыктардын Кудай-Теңири Өзү.