Жашыя | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Жашыя 16 Бөлүм

тез өтүү:

1 Андан кийин өкчөмө таш Жусуптун уулдарына түштү: Жерихонун жанындагы, чыгыш тараптагы Жерихо сууларынын жанындагы Иордандан тартып, Жериходон Бейтел тоосуна чейин созулуп жаткан чөл.

2 Чек ара Бейтел тоосунан Лузга кетет, Атароттун жанындагы Архи чек арасына чейин жетип,

3 деңизге, жаплеттиктердин чек арасына түшөт да, төмөнкү Бейт-Корон чек арасы менен Гезерге чейин жетип, деңиздин жанынан бүтөт.

4 Бул жерлерди Жусуптун уулдары Менаше менен Эпрайым үлүшкө алды.

5 Эпрайым уруусундагы үй-бүлөлөрдүн чек аралары мындай: алардын чыгыш тараптагы чек арасы Атрот-Адардан жогорку Бейт-Коронго чейин болду.

6 Анан чек ара Михметаттын түндүк тарабынан деңизди карай кетет да, Таанат-Шилонун чыгыш тарабына бурулуп, аны Жаноахтын чыгыш тарабынан айланып өтөт.

7 Жаноахтан Атарот менен Нааратка түшүп, Жерихого келип, Иорданга чейин жетет.

8 Тапуахтан чек ара деңизге, Кана дарыясына кетет да, деңиз менен бүтөт. Эпрайым уруусуна үй-бүлөлөрүнө жараша тийген үлүш ушул.

9 Менаше уулдарынын үлүшүнүн ичинен Эпрайым уулдарына ушул шаарлар менен айыл-кыштактар бөлүндү.

10 Бирок Эпрайым уулдары Гезерде жашаган канаандыктарды кууп чыгышкан жок, ошондуктан канаандыктар Эпрайым уулдарына салык төлөп, алардын арасында азыркыга чейин жашашат.