1 Түн ичинде төшөгүмдө жатканда жаным сүйгөн жигитимди издедим, аны издедим, бирок таппай койдум.
2 Мен эми турайын, шаарды, көчөлөрдү, аянттарды аралап, жаным сүйгөн жигитимди издейин. Мен аны издедим, бирок таппай койдум.
3 Менин алдыман шаарды кыдырып жүргөн күзөтчүлөр чыгышты, мен алардан: «Силер менин жаным сүйгөн жигитимди көрдүңөрбү?» – деп сурадым.
4 Бирок мен алардан өтө бергенде жаным сүйгөн жигитимди таптым. Мен аны бек кармап алып, энемдин үйүнө алып келгенче, энемдин төркү үйүнө алып келгенче коё берген жокмун.
5 Иерусалим кыздары, жейрен менен, элик менен ант бергиле. Өзү кааламайынча, сүйгөн кызымды ойготпогула, тынчын албагыла.
6 Күйүп жаткан миррадан, фимиамдан жана мирра кайнаткан адамдын ар кандай аралашмасынан чыккан түтүн түрмөгүндөй болуп, чөлдөн келе жаткан бул ким?
7 Бул – Сулаймандын көтөрүп жүрмө тактысы, аны Ысрайыл уулдарынан тандалган алтымыш жигит кайтарып турат.
8 Алардын баары бирден кылыч кармап турат, баары майданда тажрыйбалуу, түнкү коркунучтан улам ар биринин белинде кылыч.
9 Сулайман өзүнө Лебанон дарагынан көтөрүп жүрмө такты жасады.
10 Анын мамыларын күмүштөн, чыканак койчу кырларын алтындан, отургучун кочкул кызыл жибектен жасады, ичин Иерусалим кыздарынын сүйүүсү менен жасалгалаган.
11 Сиондун кыздары, келгиле, таажы кийип отурган Сулайман падышаны көргүлө. Бул таажыны энеси үйлөнүү той күнү, жүрөгү кубанычка баткан күнү кийгизген.