1 Аялдын сулуусу, сүйгөн жигитиң кайда кетти? Сенин сүйгөнүң кай тарапка багыт алды? Биз сени менен кошо издейли.
2 Менин сүйгөн жигитим өзүнүн койлорун бак ичинде кайтарыш үчүн, лилия гүлдөрүн териш үчүн, өзүнүн багына, жыпар жыттуу гүлзарына кетти.
3 Мен сүйгөн жигитиме таандыкмын, ал мага таандык. Ал лилия гүлдөрүнүн арасында кой кайтарып жүрөт.
4 Сүйгөн кызым, Тирса сымал сулуусуң! Иерусалимдей татынасың, туу көтөргөн кошуундай сүрдүүсүң!
5 Менден көзүңдү ал, анткени көздөрүң мени толкундантып жатат!
6 Чачың Гилат тоосунан түшүп келе жаткан эчкилердей. Тиштериң суудан чыгып келе жаткан койлордой. Алардын ар биринин эгиз козулары бар, алардын арасында кысыр калганы жок.
7 Тармал чачыңдын астындагы эки бетиң экиге бөлүнгөн анардай.
8 Алтымыш ханыша, сексен күң аял, сан жеткис кыз бар.
9 Бирок менин көгүчкөнүм, таптазам – теңдеши жок кыз. Ал – энесинин жалгыз кызы, төрөгөн энесинин эң сүйүктүү кызы. Кыздар аны көрүп макташты, ханышалар жана күң аялдар аны даңкташты.
10 Таң нурундай жаркыраган, ай сыяктуу суйкайган, күн сыяктуу жарык, туу көтөргөн кошуундай сүрдүү бул ким?
11 Мен өрөөндөгү бак-дарактардын көгөргөнүн көрөйүн деп, жүзүм сабагы бүчүр алды бекен, анар гүлдөдү бекен деп жаңгак багына келдим.
12 Элимдин атактуу адамдарынын арабаларына жаным мени кантип алып барганын билбейм.