Титке кат 1 Бөлүм
1 Кудайдын кулу, Ыйса Машаяктын элчиси Пабылдан Титке дубай салам. Мен Кудай тарабынан дайындалып, Анын Өзү үчүн тандап алган адамдарынын ишенимин бекемдеп, аларды Кудайга жаккандай жашоого жолдогон чындыкты үйрөтүш үчүн жиберилген болчумун.
2 Бул чындык Кудай бизге тээ башынан эле убада кылган түбөлүк өмүргө ээ болобуз деген үмүткө негизделген. Ал эми Кудай эч качан жалган айтпайт.
3 Андыктан убагы келгенде, Ал муну Өз Сөзүн жар салдырып белгилүү кылды. Куткаруучубуз Кудайдын буйругу менен бул милдет мага да ыйгарылган болчу.
4 Бардыгыбызга берилген ишеним башыбызды бириктирип, өз уулумдай болуп калган Тит, Кудай Атабыз менен Куткаруучубуз Машаяк Ыйса сага ырайымын төгүп, тынччылыгын берсин.
5 Сени Крит аралына калтырганымдын себеби, ал жактагы бүткөрүлбөй калган иштерди иретке келтирип, ар бир шаар-кыштакта өзүм берген көрсөтмөлөргө ылайык жыйын жетекчилерин дайындасын дегем.
6 Жыйын жетекчилери кынтыксыз, бир эле аялы бар, балдары Кудайдан ыйбаа кылган, эл арасында адепсиз же тоң моюн атка конбогон болууга тийиш.
7 Кудай кызматына дайындалган киши катары жыйын жетекчиси эл алдында кынтыксыз, менменсибеген, ачууга оңой алдырбаган, ичкиликке берилбеген, урушуп-керишпеген, пайдакор эмес,
8 тескерисинче, меймандос, колунан жакшылык гана келген, өзүн өзү кармай билген, адил, такыбаа, адептүү адам болууга тийиш.
9 Ошондой эле туура окутуунун негизинде насааттап, каршы чыккандарды ашкерелеш үчүн ал өзү биздин үйрөткөндөрүбүзгө ылайык, чындыкка шайкеш кабарды бек карманып жүрүшү керек.
10 Анткени баш ийбей кеткендер, куру сөз сүйлөгөндөр жана элди алдагандар көбөйгөндөн көбөйүп, айрыкча, азыркыга дейре иудей салтын карманып жүргөндөрдүн арасында көп кездешүүдө.
11 Алардын тилин тыйдырбаса болбой калды, себеби алар арам пайданы көздөп, окутканга укугу жок нерселерди окутмакчы болуп, бүтүндөй үй-бүлөлөрдү туура жолдон адаштырып жатышат.
12 Өздөрүнүн эле арасынан чыккан даанышман мындай деген экен: «Криттиктердин оозунан Чыкпайт чындык сөздөрү, Коркунучтуу, эринчээк, Айбандардай өздөрү».
13 Бул сөз — калетсиз чындык. Андыктан аларды ашкерелеп, туура ишенимди тутушсун үчүн катуу эскертип кой.
14 Иудей болмуштарына жана чындыктан безген немелердин өз билгенин таңуулап айткандарына кулак төшөбөсүн.
15 Алар: «Ким өзү адал болсо, ал үчүн бардык нерсе адал. Ал эми бузулган, ишеними жок адам үчүн бардыгы арам болот», — дешет экен. Бирок чындыгында алардын өз акылдары адашып, өз абийирлери бузулган.
16 Мындайлар оозу менен Кудайды тааныйбыз дегени менен, кылган иштери эле бул сөзүн жокко чыгарып таштайт. Алар элге жек көрүндү болуп, Кудайга моюн сунушпайт да колдорунан эч жакшылык келбейт.